Суперстан: Байыркы түрктөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Байыркы түрктөр

#21 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2018 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бул Батыш түркүт кагандыгынын жана жуңгардык телестердин хандыгынын аймактык
бүтүндүгүнө түздөн-түз кол салуу эле, бирок Чуло хан Таман менен Мохэ хан Гэлэн
каршылык көрсөтүүгө батынбады47, ошентип Ян-ди Кытайга кайтып келди.
Суй сарайынын жогорулашы. Ян Гуан хан 604-жылы такка отуруу менен бай өлкөнү
гана эмес, анын кыраакы атасы жетишкен жеңиштин үзүрүн да мураска алып калды.
Тарыхта иши оңун ан чыккан өкүмдар өз ийгилигинен башы айланган көп учурлар
белгилүү, бирок Ян Гуандын башы башка бирөөнүн ийгилигинен айланды, жеке
башкаруучу болуп калгандан кийин ал жеңиш кандай кыйынчылыктарга тургандыгын
жана алар кандай зор тобокел менен коштолгондугун унутуп калды. Душмандардын күчү
ага арзыбагандай, ал эми өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү чексиздей болуп көрүндү, ошондуктан
анын падышалык кылуусу толгон-токой каталыктардан туруп, бул үчүн ал тагынан жана
өмүрүнөн ажырады.
Жогоруда айтылып кеткендей, Суй династиясы тобалардын түздөн-түз тукумдарын
кошуп албаганда Түндүк Кытайдын бүткүл калкынын түркүттөргө каршы маанайынын
толкунунда жогорулаган. Бирок тобалардын саны да бир кыйла эле, ошондуктан Ян Цзянь
алардын ниетинин түздүгүн камсыз кылуу үчүн алар менен мүмкүн болушунча этият
мамиледе болуу керек деп эсептеген. Кытайлашып кеткен тобалардын тукумдары
Хэбэйден тартып Чанъанга чейин Улуу дубалды бойлото жашаган. Алардын арасында
Гуаньлундун тобундагы кытай помещиктери бийликтен четтеткен көп сандаган ири жер
ээлери жана дасыккан жоокерлер болгон48. Акыркы династиялардын маскаралык менен
башкарган башкаруусунан алсызданган Түштүк Кытай Ян Цзяндын оңой олжосу болуп
калды, бирок чындыгында ал тактын таянычы эмес, баш ийдирилген өлкө болучу. Суй
сарайынын вассалдары болуп калган түркүт хандарынын берилгендиги убактылуу эле, ал
эми букараларынын кытайлык нерсенин баарын жактырбагандыгында шек жок эле.
Ушунчалык ар түрдүү жана тынчы жок букараларды башкаруу үчүн өтө акылман, эң
башкысы этият император керек эле, бирок такка отурганда Ян-ди деген титулду алган
тактын мурасчысы андай эмес эле. Ал Кытайдын эң таш боор зулумдарынын бири болгон.
Улуу дубалдан түндүк жакта жайгашкан өлкөлөрдө Суй династиясынын гегемониясы,
биринчиден, батыш жана чыгыш түркүттөрдүн ортосунда келип чыккан катуу кастыкка,
экинчиден, жибек кездемелерге тойбогон керектөөлөргө таянган.
VI к. түркүттөр өзүн бирдиктүү эл катары сезишкен. 80-жылдардагы араздашуунун
убагында ханзаадалар чатакташкан, ал эми алардын жан-жөкөрлөрү жеңип чыккандар
тарабына жеңил эле өтүп кетишкен49. Кара-Чурин Түрк кагандыктын экөөнү бириктирген
учурда чыгышта бул эч кандай каршылыкты туудурган эмес, бирок ал жеңилер замат
чыгыш түркүттөр аны оор абалда калтырып таштап кетишкен. Хан менен бирге сөзсүз
батыш түркүттөрдөн турган анын жеке дружинасы набыт болгон; ошонун натыйжасында
курман болгондордун туугандары менен чыккынчылардын ортосунда канга кан өч алуусу
жаткан. Ал мезгилдин түшүнүгү боюнча, кайра биригүү мүмкүн болбой калышы үчүн
ушунун өзү толук жетиштүү болгон. Эми кагандыктардын ортосундагы кастык күчөөгө,
жаңы жоготуулар ого бетер күчөтүүгө тийиш болучу50
.
Суй өкмөтү өзүнүн позициясын чыңдоо үчүн талаадагы талаш-тартыштар гана
жетиштүү эмес экендигин түшүнүп, белек берип сатып алуу жана шаан-шөкөттүү тамак
берүүлөрдү уюштуруу кеңири колдонулган51, мындай тамак берүү бүтүндөй аскерди
күтүүдөн арзанга турган эмес. Маселен, 607-жылы Ян-ди Жаңгар хан жана анын
аймагындагы 3500 уруу аксакалдары үчүн той берген. Мында ханга 2000 таңгак жибек
кездеме, араба, мингич аттар, добулбастар, музыкалык аспаптар, туулар белекке
берилген. 3500 уруу аксакалдары да белек алышкан. 610-жылдан тартып "вассалдар" үчүн
Лоянда айлап созулган ар жылкы майрамдар уюштурулган. Оюн-зоок көрсөтүү үчүн зор
сахна курулуп, 18 миң музыкант тынымсыз ойноп жана таң аткыча шамдар жаркырап
күйүп турган. Дүкөндөр кооздолуп, ал түгүл жашылча дүкөнчөлөрүнүн айланасына чий
шалчалары төшөлгөн. "Вассалдарды" акысыз ичиндирип, тамак беришкен, Кытайда баары
бар жана шарап, тамак үчүн акы алынбайт деп ишендиришкен. Көчмөндөр дарактардын
сөңгөктөрү жибек кездемелер менен оролгондугуна өзгөчө таң калышкан. Алар: "Кытайда
кембагалдар бар эмеспи, аларга кийим жетпей жатканда дарактарды жибек менен
ороонун эмне кереги бар?" — деп сурашкан. Бирок бул суроого алар жооп алышкан
эмес 52 . Андан да Тарим бассейнинде кытай куралынын ийгилиги жергиликтүү
өкүмдарларга белек берүү жолу менен жетишилген, ал эми мунун өзү арзанга турган
эмес53. Албетте, ал түгүл ушундай укмуштуу бай Кытай мындай ысырапчылыкка туруштук
бере албады. Финансылык кризистердин келип чыгышына байланыштуу салыктардын
сөзсүз көбөйтүлүшү Суй императорунун тагын бошоңдотту, анын үстүнө белек берүү
саясаты максатына жеткен жок. Жасалма байлык эч кимди алдай албады, ал эми акчага
сатып алынган достор дайыма эле ишенимсиз болот. Ошентип Ян-ди көп өтпөй мунусуна
да, тигинисине да ынанды.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2018 - 11:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

БАТЫШ КАГАНДЫГЫ
Дөөлөттүн жүрөгү. Кагандыктын бөлүнүшү түркүт элинин эркинен жана каалаганынан
тышкары болгондугуна жана четтен, ал түгүл кастык таасирдин кесепети болгондугуна
карабастан, качандыр бир убакта бирдиктүү бир өлкө болгон эки кагандыктын жолдору
өтө ар түрдүү болуп чыкты.
Чыгышта жагдай бир аз эле өзгөрдү, анткени Кытайдын протектораты түркүттөрдүн
салт-санааларына да, өндүрүш ыкмасына да, чарба жүргүзүүнүн системасына да тийген
жок. Түркүттөр чыгышта этностук жактан бекем баш кошкон топ бойдон кала берди,
ошентип алардын потенциалдуу күчтөрү ар кандай коңшулаш элдердикине караганда бир
кыйла көп болгон. Түркүттөрдүн талаада саясий жактан басымдуулук кылышынын
алгачкы эле ыңгайлуу учуру аны калыбына келтире алмак гана тургай, келтирүүгө тийиш
да эле.
Батыштан биз таптакыр башка көрүнүштү байкап турабыз. Түркүттөр ал жакта
таптакыр азчылыкта болучу. Истеми хан канчалык дружиначы өзү менен кошо алып
кетпесин, алар багындырылган аймактардын деңизинде тамчыдай гана болуп калды.
Алар биз түрктөр деп атоого акыбыз болгон жергиликтүү калкка из калтырбастан
аралашып кетүүгө, же болбосо алардын уруулаштарынын негизги массасы Суй
императорунун таманы астында калганда анын курмандыгы болуп калууга тийиштей
көрүнгөн эле. Бирок экөөнө тең тийишсиз үчүнчүсү келип чыкты: Жети-Суунун, Чүй
өрөөнүнүн, Волганын төмөнкү чатынын жана Кубандын, Иртыштын жана Ишимдин
жогору жагындагы көчмөндөр Ашинанын династиясына толук ниетинин актыгын
көрсөтүштү. Дал эле ушундай мамилени Таримдин жана Аму-Дарыянын
бассейндериндеги оазисте отурукташкандар, ал түгүл Гиндикуш менен Кавказдын
тоолуктары көрсөтүштү. Мына ошентип, түркүттөр бул жерде да үстөмдүк абалын сактап
калышты.
Истеми менен Кара-Чурин Түрк колбашчылар гана болбостон, эң мыкты
администраторлор да болушкандыгын моюнга алууга туура келет. Алар басып алуучулар
катары келген өлкөлөр үчүн modus vivendi түзүштү. Ага чейин ыркы кеткен, тынымсыз
майда согуштарда күчтөрү алсыраган уруулар бейкут турмуштун таттуу даамын татышып,
өздөрүнүн көчмөндүк мал чарбасын өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү алышты,
мунун өзү өз кезегинде биримдикти
аңдап түшүнүүнүн келип чыгышына алып келди, бул ага чейин түрктүк биримдик деп
аталып келген. Үстөмдүк кылуучу катмарды түзгөн дал ошол аз сандагы түркүттөр
жаңыдан келип чыккан системанын туруктуулугун камсыз кылды деген тыянак чыгарууга
болот. Хандын дружинасын күтүү ушунчалык жеңил болгондуктан, алмандарды чогултуу
да каршылыкты туудурган эмес, анын үстүнө бирдиктүү бийликтин болушунан пайда
көбүрөөк экендиги айкын болучу. Дөөлөттүн алдында турган тышкы саясат милдети —
улуу кербен жолу үчүн күрөш кагандыктын түштүк областтарынын соода шаарлары үчүн
турмуштук зарылчылык болгон жана анын түндүктөгү букараларынын байышына түрткү
берген, демек, бул жерде да өлкөнүн жана династиянын таламдары дал келген. Бирок
чыныгы күч өкмөттө эмес, элде болгон соң, биз Батыш түркүт кагандыгынын анын 659-
жылы кулашына чейинки тарыхын түзгөн бардык институттардын бара-бара эволюциясын
жана күчтөрүнүн катнашын байкайбыз. Бирок күн мурдатан шашылбай, өзүбүздүн
көңүлүбүздү 609-жылы жашы жете элек Чуло хандын убагында түзүлгөн абалга топтоп,
андан мурда дагы бир маанилүү жалпы ойду сүрөттөй кетели.
Кийинчерээк мусулмандар түрктөр менен кагылышканда айланадагы элдер менен
алардын укмуштай жалпы тил табыша алышкандыгын белгилешкен. Бул сапатты түрктөр
жаңы өлкөгө жеңүүчү катары же мейман катары, жалдануучулар катары же согушта
туткунга түшкөн кулдар катары келгендигине карабастан көрсөтүшкөн; ар кандай учурда
алар башка элдердин өкүлдөрүнө караганда мансапка зор ийгилик менен жетишкен.
"Түрктөрдүн үлүшүнө туш келген даңктын жана ордунан чыкпай калуулардын себебин
ким сурай алат, — дейт Фахраддин. Буга жооп: ар бир уруу же адамдардын табы өз
элинин арасында, өз тууган-туушкандарынын арасында жана өз шаарында турганда
кадыр-баркка жана урматтоого ээ боло тургандыгы, бирок алар жер кезип, жат жерге туш
келгенде аларды жек көрө тургандыгы, алардын кадыр-баркынын жоктугу жалпыга
белгилүү. Бирок түрктөр тескерисинче: алар өзүнүн уруулаштарынын арасында жана өз
өлкөсүндө турганда, алар башка түрк урууларынын ичинде бир уруу гана болуп саналат,
алар жетиштүү кубаттуулукка ээ болушпайт жана алардын жардамынан эч ким
пайдаланбайт. Өз өлкөсүнөн алар мусулмандардын ичине туш болгондо — алар
өздөрүнүн турак жайларынан, туушкандарынан жана өлкөсүнөн канчалык алыс болсо,
алардын күчү улам көбүрөөк өсүп, алар ого бетер бааланып, эмирлер жана сипехсаларлар
болуп калышат".
Андан ары: "Түрктөрдүн падышасы, чексиз көсөм жана акылдуу Афрасиабдын
айткандарынын арасында мындай деген сөз бар: "Түрк деңиз үлүлүндөгү берметке
окшош, ал үлүлдүн ичинде жатканда эч кандай баасы жок, бирок сыртка чыкканда
падышалык таажылардагы, колуктулардын мойнундагы жана кулагындагы зергер буюм
катары кызмат кылуу менен баалуулукка ээ болот»1
.
XII к. жакшы ойлоштурган тарыхчынын байкоолорун VII к. түркүттөргө да толук
колдонууга болот. Өзүнүн кубаттуулугунан жарым кылым ашык жашаган династиянын
туруктуулугун дал ушуну менен түшүндүрүүгө болот. Түркүт хандарынын таажысы
ушунчалык ар түрдүү жана жоокер калкы бар өлкөдө ички бейкуттукту камсыз кыла алган
деп корутунду чыгаруу туура болбос эле. Ашинанын бошоңдоп кеткен династиясы анын
бардык букаралары үчүн алгылыктуу болгон, бирок чыныгы күчтөр жана чексиз
берилүүлөр өз ара күрөштү улантып, ниети актыктын позициясында кала беришкен.
Хандар тактын сакталып калышы үчүн акы төлөө менен уруулук бектердин жана согдулук
дыйкандардын колдорундагы оюнчук болуп калышкан, ал эми мунусу да, тигиниси да
бийлик бошоңдой баштаганда бир катар партияга бөлүнүп, үстөмдүк үчүн өз ара күрөштү
башташкан.
Жетекчилик кылууга өтө күчтүү атаандаштар эки уруу союзу болгон: Жети- Суудагы
жана батыш Жуңгариядагы дулулар жана батыш Теңир-Тоодогу, Ысык- Көлдүн
айланасындагы нушибилер болгон2
. Бул союздардын ар бири бештен урууну камтыган,
мунун натыйжасында Батыш кагандык үчүн кээде "Он уруу" деген ат колдонулат, мунун
өзү бүтүндөй алганда дөөлөт үчүн ушул уруулук союздардын артыкчылык маанисин
түшүндүрөт. Бул ат менен катар башка бир "жабгу түрктөр" деген ат менен жолугат, бул
Батыш кагандыкта жашаган түркүттөр дегенди түшүндүрөт, бул Ил-хан Бумындын
убагында Истеми жабгу3
болгондугун эскерүү иретинде айтылып калган. Бул эки ат тең
дөөлөт жөнүндө сөз болгондо бири-бирин алмаштырат, бирок эки аттын болушу VII к.
түркүттөр менен он уруу түрктөрдүн ортосундагы айырмачылык али жоюлбагандыгын
далилдеп отурат.
Түркүттөр жана түрктөр. Батыш кагандыктагы абалдын ушул эмгекте сунуш кылынган
реконструкциясы дүйнөлүк илимде кабыл алынган Э. Шаванндын концепциясынан түп-
тамырынан айырмаланат. Айырмачылык бир канча терминди гипотезалык түшүнүүгө
жана четке кагылууга тийиш болгон Э. Шаванндын жалпы божомолунун бирине
негизделет, анткени XX к. орус изилдөөчүлөрү алардын туура эместигин ашкерелешкен.
Э.Шаванн өзүнүн концепциясын В. Раддов менен Ф. Хирттин: теле—төлөс4
, сеянто —
сир-тардуш5
, огор — уйгур6
деген гипотезалык окшоштурууларыны сынга алынбаган
келтирүүлөрүнүн негизинде түзөт, анын өзү абар — жужан 7
деп кошумчалайт.
Окшоштуруулардын биринчи түгөйүнүн негизсиздигин В.В. Бартольд көрсөткөн, ал Э.
Шаванндын эмгегин өтө төмөн баалаган 8
; "огорлор" тууралуу айкындыкты М.И.
Артамоновдун9
эмгеги киргизген, ал бул Урал боюндагы угорлор деп белгилеген, ал эми
абарлар жөнүндө маселе жогоруда териштирилди. Бул азыр талашсыз каталыктарды
оңдоону Э. Шаванндын эмгегинин синтетикалык бөлүгү эскиртип жиберет, мунун өзү
бүткүл материалды кайрадан карап чыгууга мажбурлайт. Качан биз "батыш түрктөр бир
элди түзбөйт, бирок федерацияны түзгөн ар башка улуттардан турат" 10 деген Э.
Шаванндын эрежесине туш келгенибизде ал тактоону талап кылат.
Шаванндын түшүнүгүндө түркүттөр жана Жети-Суунун түрк тилиндеги уруулары —
бир эле түшүнүк, ал эми анын окуялардын жүрүшүн реконструкциялоосунда түркүттөр
үчүн орун жок. Бирок, текшерип көргөндө, кийинчерээк далилденгендей, окуялардын
жүрүшүн мындай түшүндүргөндө толук түшүндүрүү мүмкүн эмес экендиги айкындалат.
Андан тышкары, Б.Х. Кармышеванын этнографиялык изилдөөлөрү менен Орто Азиядагы
түркүттөрдүн түздөн-түз тукумдары табылган. Азыр өзбектердин тутумуна кирген орто
азиялык түрктөрдүн уруулук аттарынын арасында жергиликтүү калк "түрк" деп атаган
уруулардын тобу бар, ал эми анын ичинде карлуктардан, барластардан, калтатай жана
муса-базарилерден башка өзүн "түрк" деп атаган уруулук биримдик бар11 . Мында
биринчи учурда түрктөр деп XIV—XV кк. Мавераннахрдын эски түрк тилинде сүйлөгөн
тургундары түшүндүрүлөт, муну түрктөшүп кеткен моңголдордун барлас уругунун болушу
көрсөтүп отурат, анын үстүнө алар тар мааниде өзбектерге карама-каршы коюлуп,
өзбектер катары Дештикыпчактан Шейбани хан менен бирге келген уруу түшүнүлөт.
Экинчи учурда "түрктөр" тар мааниде өздөрүн өзбектерге — локайларга, кесамирлерге
жана семиздерге гана каршы койбостон, карлуктарга да карама-каршы коюшат. Алардын
уруулук бөлүнүштөрү жок, бирок бул топтордун бири өздөрүн түрктөр-тугендер12 деп
аташат. Азыр эски тарыхты жакшы түшүнгөндөр үчүн бул сөздү монголчо "туг" — туу,
асаба деген сөздөн чыгарат; бул "туу көтөргүчтөр" же "козголоңчул түрктөр"13 дегенди
түшүндүрөт. Уламышта мындай деп айтылган: "Туген (туурасы Тугон. — Л.Г.) — 1200 жыл илгери жашаган бир баатыр жоокердин ысмы. Анын теги Татарстандан болгон. Түрк-
калтатай уруусу бул адамдын тукумдары болуп саналат"14
.
Б.Х. Кармышева бул "түрктөр" Орто Азияга көчүп келген түрктөрдүн тукумдарына
таандык, "карлуктардын ата-бабаларынан да мурункулар болушу мүмкүн" 15 деп
божомолдойт. Б.Х.Кармышеванын тыянагы толук ынандырарлыктай, ал эми ал чогулткан
материал — өтө маанилүү болуп саналат. Ал VII— VIII кк. (1200 жыл илгери) Орто Азияда
биз "түркүт" деп атаган уруунун болушун толук ырастайт. Биздин оюбузду бул уруунун
этнографиялык өзгөчөлүгү да далилдеп турат. "Түрктөр" өзбектер менен кыргыздардан
өзүн оолак кармап, алар менен никеге турушпайт. Ошону менен бирге алар акыркы
убакка чейин көчмөн мал чарбачылык тиричилигин сактап калышкан16
.
И.И. Умняков «История Фахрэддина Мубарак-шаха» (кыргызчалатканда "Фахрэддин
Мубаракшахтын тарыхы") эмгегин аннотациялоодо анда айтылган түрк урууларынын
тизмесин келтирген, Бул тизмеде биринчи орунду "түрк" уруусу ээлейт. Умняков "түрк"
деген сөз XII—XIII кк. түрктөрдүн жалпы атынан тышкары "кыязы, мурда да өзгөчө түрк
уруусунун аты катары кызмат кылса керек"17 деп божомолдойт.
Бул сөзсүз ушундай. Биз сунуш кылган "түркүт" деген шарттуу термин түшүнүктөрдүн
жана негиздөөлөрдүн чаташуусуна жол бербөөгө жардам берет, мындай чаташуунун
курмандыгы Э.Шаванн сыяктуу анализдөөнүн зор алпы болуп калган. Анын синтетикалык
түзүлүшүн кабыл албоо менен катар, мен француздук ориенталисттин изилдөөлөрүнүн
аналитикалык бөлүгү жөнүндө В.В.Бартольддун терс пикирине да макул эместигимди
кошумчалай кетүүгө тийишмин18
.
Согдиана кагандыктын курамында. Ашинанын батыш бутагынын хандары күчтү Жети-
Суунун жана Чүй өрөөнүнүн талаа урууларынан топтогон болсо, байлык алардын колуна
Орто Азиянын жана Таримдин бассейниндеги отурукташкан ээликтеринен агып келип
турган. Согдулук дыйкандар менен көпөстөр батыш түркүт хандарынан көп жакшылык
көргөндүктөн өздөрү тактын бекем таянычы болуп калышкан. VII к. башында Орто Азия
өзүнүн экономикалык жана маданий гүлдөшүнүн чокусунда болгон; соода, дыйканчылык
жана кол өнөрчүлүк укмуштай ылдамдык менен өнүккөн, ар кандай диндер бири- бири
менен бейкуттукта жанаша жашаган; жибек Кытайдан Византияны көздөй агылып, жолдо
баратканда бир бөлүгү Бухарада, Самаркандда, Чачта (Ташкент), Кашкарда, Кучада жана
Турпанда алтын уютмалар түрүндө калып, алардан көпөстөрдүн жана дыйкандардын
аялдары үчүн зергер буюмдары жасалган. Бирок мына ушул жыргалчылыктын баары
Согдиананын түркүт ханына баш ийгендигинин натыйжасы болгон.
Таң калыштуу көрүнсө да орто азиялык ээликтердин маданий жогорулашы саясий аң-
сезимди өтө төмөнкү деңгээли менен жанаша жашай алган. VII к. Согдиана эң майда
княздыктарга бытырап кеткен да, өтө зарылдыгына карабастан, биригүү үчүн күчү жеткен
эмес. Саясий биримдик гана соода кербендеринин коопсуздугуна, өстүрүлгөн жемиш
бактарына, шаарлардын чет-жакаларындагы өнөрканаларга д.у.с. кепилдик боло алмак.
Ашинанын хандары өлкөдө зарыл бейкуттукту камсыз кылган жана өзүнүн
букараларынын ички иштерине кийлигишкен эмес. Согдулук шаарлар толук
автономиясын сактап калып, укмуштай пайдалуу соодадан алган кирешелеринин бир
бөлүгүнөн алман түрүндө хандарга төлөп гана турушкан.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2018 - 11:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Согдулар кагандыктын саясий турмушуна өтө ишкердүү катышкан. Кербен
соодасынын өнүгүшүнө кызыгуусу алардын жүрүш-турушунун багытын аныктаган.
Түндүктөгү дулу көчмөндөрү жибек менен соода кылуудан аз пайда алышкан, анткени
алар сатуу базарларынан жана жүк которуштуруу пункттарынан алыс болгон. Кээде алар
Жуңгар дарбазалары аркылуу өтүп бараткан кербенди талап-тоноп турушкан, бирок бул
алар үчүн такай кошумча оокат катары кызмат кыла алган эмес, анын үстүнө кербендер
Кучадан Олуя-Атага19 кеткен жолдун кооптуу жерлерин көп учурда айланып өткөн. Анын
эсесине түштүк көчмөндөр — Ферганадан жана Согдианадан алыс эмес жерде жашаган
нушибилер өз жерлери аркылуу кербендерди дайыма өткөрүп турушкан, ошондуктан
алардын кербендерге кол салышынын зарылчылыгы жок эле. Алар өткөргөндүгү,
коопсуздугу үчүн, жол көрсөткүчтөр, азык-түлүк жана отун үчүн акы алышып, согдулар
менен бирге байышкан. Жалпы кызыкчылык согду көпөстөрүн нушибилер жана аларга
таянган Ашина династиясынын хандарынын союзунун урууларынын тарапкерлерине
айландырган.
Мунун өзү күрөшүп жаткан күчтөрдү теңештирген жана дулулардын артында азыркы
убактагы Казакстандын чексиз түздүктөрү, баатыр жана жоокер калкы болгондугуна
карабастан алар өзүнүн атаандаштарын — бейкут шаарлардан субсидия алып турган
нушибилерди жеңе алышкан эмес. Нушибилер географиялык жактан ыңгайлуу абалды
ээлеп турган: биз изилдеп жаткан мезгилде Теңир-Тоонун жантаймаларына ээ болуу
түркүттөр үчүн экономикалык зарылчылык болгон, анткени бул токойлуу жана сууга бай
аймактар алардын жайкы жайыттары эле. Мындан тышкары, Турпан көчмөндөрдү алар
үчүн өтө зарыл азык-түлүктөр — дан жана кездеме менен жабдып турган. Мындай
товарларга Турпан өтө бай болгондуктан алар муну Кытайга да ташып чыгарып
турушкан20
.
Жалпысынан бардык чыгыш түркстандык ээликтердин ичинен Турпан менен Хотан
гана байкаларлык саясий роль ойногон. Бирок Улуу Жибек жолунан чет жакта, Такла-
Макан чөлүнүн артында жаткан Хотан көбүрөөк Тибетке жана Индияга умтулган, ал эми
Турпан оазиси Кытай жана түндүк көчмөндөр менен байланышта болгон. Батыш түркүт
хандарынын саясатын талдоодо Гаочан княздыгы болуп турган мезгилдеги Турпандын
тарыхына көз чаптыруу өтө пайдалуу.
Турпан оазиси илгертеден эле Чыгыш Түркстандын эң ири маданий борборлорунун
бири болгон. Кытайлар ал үчүн хуннулар менен айыгышкан согуш жүргүзүп, жеңип
чыккандан кийин ал жерге Гаочан-лей21 аскердик колониясын негиздешкен. Дүрбөлөң
мезгилинде, Хань сарайы кулагандан кийин Кытай Чыгыш Түркстандан ажыраган, бирок
көп сандаган кытайлар Турпандын ажайып асыл жерлерине отурукташып калган.
Жужандарга, гаогюйларга баш ийүү менен Гаочан толук өз алдынчалыкка ээ болгон эмес,
акырында, 590-жылы түркүттөр тарабынан багындырылган. Бирок бул жеңип алуу
жергиликтүү династиянын бүтүшү дегендик эмес эле. Түркүттөр гаочандарды баш ийип
берүүнүн белгиси катары түркүттөрдүн салт-санаасын жана кийим-кечесин кабыл алууга
гана мажбурлашкан. Бул убакыттын ичинде Гаочанда Кытайды жактаган жана
көчмөндөргө таянган сепаратисттик партиялар күрөш жүргүзүшкөн. VI к. акырында
Гаочандын мааниси ушунчалык өсүп, түркүт ханы өзүнүн кызы менен гаочандык княздын
никелешүүсүнө макулдук берүүнү мүмкүн деп эсептеген. Гаочандын өкүмдары, айтмакчы,
түркүт ханынын кызынын уулу наадан Жаңгар Кимин хандын убагында түркүттөрдүн
начарлашынан пайдаланып Кытайга жакындаша баштаган. 609-жылы ал Ян-диге барып,
андан императордук сарайдын бийкеч кызын аялдыкка алган.
Жогоруда айтылгандан тыянак чыгаруу менен Ашинанын батыш бутагынын абалы өтө
оор болгондугун белгилөөгө болот. Согду көпөстөрү менен салт болуп калган союз Иран
менен касташууга алып келген. Гаочан кагандык менен Кытайдын ортосундагы
араздашуунун себеби болуп калган. Хазарлар батыш жакта ишенимсиз, чыгыштагы
телелер ачык эле кас болгон. Эң акырында, династиянын башкы таянычы дулу менен
нушибилердин уруулук союздарынын бектери анын бийлигинин бошоңдошуна
умтулушкан, анын убагында алар көбүрөөк өз алдынчалыкка ээ боло алышмак. Бул
тенденциянын жүзөгө ашырылышы чыныгы баш аламандык дегендик эле, ошондуктан
өтө күчтүү жана жөндөмдүү хан гана борбордук бийликтин аброюн көтөрө алмак. Ал эми
мындайлар көп деле жолуга берген эмес.
Дулунун гегемониясы. Чуло хан Таман. 604-жыл Батыш Түркүт кагандыгынын толук
ыдырашынын жылы болгон. Улуу Кара-Чурин Бөгү хан дарексиз жоголду, анын уулу Нили
хан каза болду, тактын мыйзамдуу мурасчысы, Басы (Поши)тегин деген ат менен белгилүү
болгон анын бир тууганы Кытайда кармалып жатты. Мыйзамдуу тартипке карабастан,
Чачтын өкүмдары Шегуйдун ордуна такка Нили хандын уулу — Нигю Чуло хан деген
титулу бар Таман деген отуруп калган. Жаңы хан такка отурганда али баса элек бала
болучу; ал атасы өлөрдөн бир аз мурда төрөлгөн. Аны хандыкка кандай партия отургузду
деген сүрөө туулат. Анын ордосунун географиялык орду, "мурунку Усун жергеси"22, т.а.,
Иле дарыясынын өрөөнү 23 бийлик дулу союзунун урууларынын колунда болуп
калгандыгын көрсөтүп турат. Алар бийликти бөлүштүрүү жолу менен хандын бийлигин
чектөөгө аракет кылышкан, т.а., батышта жана чыгышта акимдер "кенже хандар" деген
титулду алышкан, ал эми чиндик иерархияга: Сыфаян жана Хунда деген кошумча эки чин
киргизилип, алар мамлекеттик иштерди башкарышкан24
. Жашы жете элек наристе бала өз
вассалдарынын колундагы оюнчук болуп калган.
Дин реформасы да олуттуу маселелерден болгон. Жогоруда айтылып кеткендей,
түркүт ханы аскер колбашчысы гана эмес, биринчи ыйык дин кызматкери болуп, жылына
эки жолу ата-бабалардын жана теңирдин арбагына курмандык чалып турган25. Батыш
кагандыкта бектер ханды бул маанилүү милдеттен ажыратышкан, эми ыйык жерге
курмандык чалуу үчүн жогорку бийлик адамдарынын бири барып турган. Мунун өзү
хандын өзүнүн гана эмес, бүтүндөй уруулаш түркүттөрдүн да маанисин кемсинткен, алар
дулунун бектери башчылык кылган өкмөткө ушундайча оппозицияда болуп калышкан
жана нушибинин бектери жана согду оазистеринин өкүмдарлары менен союзда болууга
багыт алышкан. Согду өкүмдарлары жибекти ташып келүүгө жана улуу кербен жолунда
коопсуздукту камсыз кылууга макул болгон ар кандай атаандашты каржылоого макул
болушкан. Бирок түркүттөр Ашина уруусунан чыккан ханга гана кызмат өтөөгө даяр
болучу, ал эми нушибилер өздөрүнө жан тарткан адамга гана бийликти тапшырууну
каалашкан. Бул талаптардын баарын канааттандыра турган атаандаш табылды: ал
кичинекей дубандык — Чач хандыгы менен ыраазы болууга аргасыз болгон князь Шегуй
— Кара-Чурин Түрктүн небереси26болгон. Анын жайлоосу Миң-Булак27 Талас дарыясынын
түштүк жагында, нушибилердин жергесинде болуп, алар менен бул хан, кыязы, жакшы
коңшулук мамиледе болсо керек.
Нушибилердин жеңиши. Шегуй хан. Дулу союзунун уруу аксакалдарынан турган жана
Чуло хан Тамандын атынан башкарган өкмөт кудуретсиз болуп чыкты. Чыгыш областтары
бөлүнүп кетип, дулулар менен телелердин каракчылыгы кербен соодасына бөгөт болду.
Ошентип, Кытай менен тынчтык келишимин түзүүнүн урматына келтирилген
курмандыктар үзүрсүз болуп чыкты. Өлкөнүн ичиндеги абал да коркунучтуу боло
баштады. Өкмөттүн кудуретсиздиги согдулук шаарларды Кытай менен түздөн-түз
жакындашууга түрттү.
608-жылы28 Кытай менен союзду сунуш кылган Турпандын артынан 609-жылы орто
азиялык ээликтер: Ань (Бухара), Бокан (Фергана), Ши, Ми (Маймург), Цао, Хэ, Унагэ, Му,
Кан (Самарканд)29 ээрчиди. Алардын артынан 610-жылы Куча менен Гибин да белек
берип элчилерди жиберишти30. Эң акырында Шегуйдан да элчилик келди. Ал никелик
союзду талап кылып, Кытай өкмөтү бул учурда Чуло ханга таасир көрсөтүү үчүн ыңгайлуу
деп эсептеди. Колукту менен бирге Шегуйга улуу хан деген наам жана "иш жебе сыяктуу
ылдам жүрсүн" үчүн ак канат байланган бамбук жебе берилди. Дулулар элчиликти
жолдон кармап алып, жебени тартып алышты, бирок элчинин өзү "алдоо жолу менен
бошонууга" 31 жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары тууралуу Шегуйга кабарлоого
мүмкүндүк болду. Шегуй дароо эле Таманга каршы жортуулга чыгып, аны таптакыр
талкалады. Таман чыгышка карай качып, жолдо баратканда тонолуп, куугундан качып
кытайлардын колуна түшүп берди. Анын жактоочулары үч кичине ордого бөлүндү (612-
жыл)32. Тамандын өмүрү кайгылуу аяктады: 618-жылы династия алмашкандан кийин
чыгыш түркүттөр кытайлардан өзүнүн келишкис душманынын канын талап кылышты.
Мамлекеттик кеңешчилер бир түркүттүн өмүрү үчүн жаңжалга барууну акылсыздык деп
эсептешип, Таманды курмандыкка чалууга императорду көндүрүштү. Шордууну мас
болгончо ичиришип, ага түркүттөрдүн элчисин киргизип жиберишти, ал өз колу менен аны
мууздап салды33. Аскерлерде жана көчмөндөрдүн арасында жаңы династиянын беделин
түшүрбөө үчүн өлтүрүү жашыруун болду, анткени аскерлер да, көчмөндөр да
чыккынчылыкты кубатташкан эмес.
612-жылдагы төңкөрүш дулулардын уруу аксакалдарынын араздашуусунан келип
чыккан оор саясий кырдаалды толук жеңилдетти. Согдиананын жана Тарим бассейнинин
бардык княздыктары Батыш түркүт ханынын таажысы астына кайтып келди. Буга Гаочан
гана кирген жок, мунун себеби ал өзүнүн географиялык абалы боюнча Жуңгариядагы теле
уруулары менен көбүрөөк байланышта болгон. Алар бай оазистен көчмөндөр үчүн зарыл
дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк продуктыларын алып турушкан. Ошондой эле Гаочан
аркылуу өткөн жол дулулардын көчүп жүргөн жайларына алып келген, ал эми бул
гаочандыктарга бажылык акыдан зор киреше алып келген34
.
Натыйжада Гаочандын князы 612-жылы соода боюнча өзүнүн атаандаштары болгон
карашаардыктардын, кучалыктардын жана согдулардын жактоочусу Шегуй ханга
караганда Суй сарайына баш ийип берүүнү артык көрдү. Шегуй хан бир аз аймактык
жоготууга оңой эле макул болду, анткени кытайлар ага 609-жылы император Ян-диге баш
ийген оазистердин үстүнөн бийликти беришкен 35 . Шегуй хандын күчөшү ал түгүл
императорго пайдалуу болгон, анткени ал Батыш аймакка кызыгуусун жоготуп, өзүнүн
бүткүл көңүлүн Кореяны жеңип алууга топтогон болучу. Анын бул акылсыздыгы эки элдин
канынын көп төгүлүшүнө, ал эми зулумду тактысынан жана өмүрүнөн ажырашына алып
келди, бирок кореялык согушту биз башка байланышта карап чыгабыз, ал эми азырынча
Батыш кагандыктын ички абалына кайрылып келели.
Нушибилердин гегемониясы. Тун-жабгу-хан. Шегуйдун жеңиши 604-жылы Кара-Чурин
Түрк каза болоор алдындагы абалдын калыбына келишин билдирди. Кагандыктын ички
абалы чыңдалып, тышкы кыйынчылыктар жеңилдеди. Эң курч проблема — Жуңгарияда
көз каранды эмес теле конфедерациясынын болушу — өзүнөн-өзү чечилди. 619-жылы
телелик эки жолбашчы, кибисилик Мохэ хан Гэлэн жана сеянтолук Ышбар (Ишибо)
титулдардын баш тартышып, Тун-жабгу-ханга36 ыктыярдуу баш ийип беришти. Ниетинин
түздүгүнүн бул актысы согуштун чыныгы себеби телелер да, Ашинанын хандары да эмес,
коңшулары менен ымалалаша билбеген жана аны каалабаган баш ийбес дулу уруулары
болгондугун далилдеп отурат. Дулулар байыркы хуннулардын жоокердик көнүмүштөрүн
мураска алып, алар сыяктуу эле "атчан салгылаша алышкан". Бирок өз убагында
хуннуларга "эдердин үстүнөн үстөмдүк" бергендер эми кубаттуу каршылыкка туш
келишти. VII к. көпөс баатыр менен бир катарда туруп, талаа баатырларын түнт токойго
жана чөлгө айдап салуу үчүн өзүнө жетиштүү тарапкерлерди сатып ала алган. Муну
телелик уруу аксакалдары өз убагында түшүнүп, баш ийип берүү менен өзүнө бейкуттукту
камсыз кылышкан. Алар Ашинанын хандары алардын койлоруна көз артпастыгын
билишкен, анткени жыл сайын талаа аркылуу өткөн кербендер хандын алаканын алтынга
жана жибекке толтуруп турушкан.
Бул мезгил үчүн кербен жолунун мааниси "Суйшунун" географиялык бөлүмүнө кирген
жана алар жайгашкан ырааттуулукта шаарлардын тандалып алынышы менен баса
белгиленген. Негизги жол Теңир-Тоонун түндүк тарабы боюнча өткөн, ошондуктан
биринчи пункт катары Турпан оазисиндеги Гаочан хандыгы коюлган, ал эми экинчиси жүк
которуштуруучу пункт болуп Согданын башкы жана эң бай шаары Кан, т.а., Самарканд
кирген. Согданын өкүмдарынын жубайы түркүт каныкеси — Кара-Чурин Түрктүн кызы
болгон; ал жерде мыйзамдар жана жазуулар түркүтчө болгон37. Самарканд Ашинанын
хандарына баш ийүүдөн көп утуш алган шаарлардын бири жана узак убакыт бою алардын
таянычы болгон. Кытай географы Самаркаңддын тургундары "соодага маш экендигин...
көп чет элдиктер аларга соода үчүн келишкендигин" 38 белгилейт.
Андан кийинки пункт катары Ань, т.а., Бухара аталган. Бул жерде түркүт ханына көз
карандылык белгиленбейт. Ошондой болсо да Бухара кагандыктын курамына кирген
жана ал жерде шад отурган дубандык жайгашкан. Ал эми Чачты (Ташкент) бар болгону
тудун башкарган. Согдиананын башка шаарларынан айырмаланып Чач Шегуй ханга
каршылык көрсөткөн, бирок ал багындырылып, Ашина уруусунан чыккан ханзаадага
түздөн-түз баш ийдирилген39
.
Андан соң ушундай эле ыкма менен экинчи жол белгиленген: Карашаар, Куча, Кашкар
жана Хотан, андан ары Фергана, Тохарстан жана Идан, т.а, эфталиттер өлкөсү. Бул Теңир-
Тоонун түштүк жагы аркылуу Кытайды Индия менен байланыштырган жол. Ал жол өткөн
аймактар Батыш түркүт ханына баш ийген, мында Аму-Дарыядан түштүккө карай
эфталиттердин калдыктарын баш ийдирүү булак тарабынан атайын эскертилген40. Орто
Азиянын борборундагы хандыктар: Ми — Маймург, Шы — Кеш, Цао — Усрушана, Хэ —
Кушания (Катта-коргон) текстте удаалаш эмес, топ боюнча жайгаштырылган, анткени алар
бирдиктүү маданий аймакта болгон. Алардын артынан бир аз обочо түркүт ханына баш
ийбеген Унагэ — Мерв, Му — Амуль жана Босы — Персия топтоштурулган41
.
Бирок Аму-Дарыя орто жана төмөнкү агымында гана Батыш Түрк кагандыгынын чек
арасы болгон. Дарыянын баш жагында түркүттөр аны кечип өтүп, Афганстан аркылуу
Түндүк-Батыш Индияга42 кирип келишкен. Бул өлкөлөрдү багындыруу жөнүндө толук
маалыматтар сакталган эмес, бирок түркүттөргө көп эмгектенүүгө туура келген. Бул "Тун-
жабгу-каган баатыр эр жүрөк жана көрөгөч болгон. Ал салгылашканда дайыма жеңишке
жетишип турган"43
, — деген бирден-бир, бирок көп маанилүү сөздөн көрүнүп турат. Бул
жеңиштер ага өзүнүн ээликтери менен бүткүл Ирандын чыгыш чек арасын курчап алууга
мүмкүндүк берген. Батышта Византиянын айыгышкан каршылыгы менен колу байланган
шаханшах Хосрой Парвиз түркүт ханынын күчөшүнө тоскоолдук кылууга күчү болгон эмес.
Анын үстүнө, шах чыгыш чек араны күзөтүүнү тапшырган армяндык нахрарлар түркүттөргө
өтүп кетип, алар Каспий деңизин айланта Кавказга көчүрүлүп, бул жерде перстерге каршы
согушка катышкан44. Ирандын чыгыш чек арасы 620-жылдан 630-жылга чейин коргоосуз
калган, ошого карабастан Тун-жабгу Иранга чыгыш жактан кол салган эмес. Бул дегеле
анын бейкуттукту сүйгөндүгүн далилдебейт. Ошол эле убакта ал Кавказда активдүү иш-
аракетти жайылтып, бирок Орто Азияда арзыбаган тынчтык өкүм сүрүшүн уланта берген.
Бул кызык көрүнүш нушибилердин жеңишинин натыйжасында Батыш кагандыкта
түзүлгөн социалдык күчтөрдүн катышы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Көпөстөр соода
кылууну каалашкан. Кас перстерди жибек менен жабдып жатышкандыгы алардын тынчын
алган эмес, анткени жеңиштин келечеги шектүү жана алыс болгон, ал эми соодадан
түшкөн киреше түз эле колдоруна тийген. Мындан тышкары, Бахрам Чубиндин жортуулу
жана 589-жылы Авазанын талкаланышы перстер каршы сокку урууга жөндөмдүү
экендигин, балким, Балхты өзүнө кайтарып алуу менен Индияга баруучу жолду өз
көзөмөлүнө коё тургандыгын согдуларга ачык көрсөттү. Ошондуктан ханды Иранга каршы
согушка түртүү менен алар аскерлерин Каспий деңизинин ары жагына которууга жана
Грузия менен Арменияны бүлгүнгө салууга дуушар кылууга мажбурлай алышты, ал эми
өздөрү укмуштай сарайларын, жемиш бактарын жана үйүр-үйүр төөлөрүн коопсуздукта
сактай алышкан.
VII к. 20-жылдарында Түштүк-Чыгыш Европанын талаалары түркүттөрдүн бийлиги
астында болгон. Хандын койгон акими "жабгу хаган45 (жебухаган)" деген титул алып
жүргөн өзүнүн иниси болгон. Анын уулу өзүнүн алдындагы "шад" деген титулу бар
полководец болгон, ал "Агван тарыхында" "түндүктүн падышасынын" 46 аталаш агасы деп
аталган. Демек, жебухаган "түндүктүн падышасынын" бир тууганы болгон.
Батыш Түркүт дөөлөтүнүн ханы бул убакта эгемендүү өкүмдар Тун-жабгу хан болгон.
Дал ошол хан "түндүктүн падышасы" катары чыккан деп болжолдоо керек, анын үстүнө
Жабгу хандын жана "түндүктүн падышасынын" өлгөн жылы бирдей (630-жыл). 626-жылга
карата анын агалары дүйнөдөн кайткан, бирок анда иниси Мохо-шад болгон. 618-жыл
менен 626-жылдын ортосундагы мезгилде Мохошад Кытайга дипломатиялык миссия
менен барып келген47, ал жөнүндө кытай булактары башка эч нерсе айтпайт. Ал жабгу
титулун алгандан кийин батыш областтарынын башкаруучусу жана хандан кийинки
экинчи адам болуп калган, анткени ал чынында эле анын эң жакын тууганы болгон деп
божомолдоо көбүрөөк чындыкка жакын. Анын үч уулунун кимиси "Агван тарыхында"
"шад" деген ат менен чыгып жатат? Алардын улуусу Нишу Гяна-шад Бухарада дубандык
хан болгон48. Экинчи уулу Тонга-шаддын дубаны кайда болгондугу белгисиз, бирок ал
узак убакыт бою карашаардык өкүмдардын досу болгон соң, алар алыс эмес жашаса
керек, т.а., Тонга-шаддын дубаны Орто Азияда болгон. Баарынан да үчүнчү бир тууганы —
Бөрү-шад туура келет, анткени бул титулду батыштагы дубандык хандар, маселен, аталаш
агасы Тобо-хан алып жүргөн49
.
Кытай хроникалары ал жөнүндө эч кандай өмүр баяндык маалыматтарды бербейт,
ошентсе да анын дубаны батышта, алардын авторлорунун көз жаздымында болгондугу
жөнүндө божомолду кыйыр түрдө ырастайт.
Кавказдын тоо этектеринде VII к. башында эки эл: Кубандын оң жээгинде Донго чейин
жашаган болгарлар (утургур, унногундур, оногур ж.б. урууларын камтыган)50 жана Терек
менен Волганын чаттарында жашаган хазарлар отурукташкан. 589-жылдагы жана 626—
630-жылдардагы согуштарда хазарлар өз тагдырын Ашинанын хандары менен ушунчалык
тыгыз байланыштыргандыктан грек жана перс авторлору "түрк" жана "хазар" деген
аттарды синонимдер катары пайдаланышкан. Бирок бул элдер ушунчалык ар түрдүү
болгондуктан, Шаванн окурманды аларды окшоштурууга жол берилбестиги жөнүндө
атайын эскертет 51 . Хазарларды ал түгүл кытайлар билишкен. "Таншуда" Босынын
(Персиянын) жана Фолиндин (Рум — Византия) түндүк коңшусу катары "кэсанын дулгас
(түркүт) мууну" аталган52 . Мындай ат кытайлар тарабынан, маселен, телелер жана
кидандар сыяктуу аргасыз эмес, ыктыярдуу баш ийген урууларга гана берилген. Ирандын
илгертеден берки душмандары катары хазарлар бүт күчү менен нушибилик хандардын
саясатын колдошкон, демек, алардын мүмкүн болгон атаандаштары болгарлар гана
болушу мүмкүн, мунун өзү булактардын кыйыр түрдө оозго алышы менен ырасталат.
Закавказьелик жортуулдарга болгарлардын катышпагандыгы өтө олуттуу жагдай.
Бирок бул, аварлар бүткүл кутургурлар жерин, т.а., Кара деңиз боюндагы Донго чейинки
талааларды өз көзөмөлдүгү астында кармап тургандыгын эске алсак, мунун өзү
түшүнүктүү. Эгерде бул чек араны коргоосуз калтырган болсо түркүт жабгу-хаганы өтө
акылсыздык кылган болор эле. Кыязы, аны күзөтүү дал болгарларга тапшырылган, мунун
өзү окуялардын андан аркы жүрүшүндө ырасталат. Бирок бул оор жана кооптуу милдет,
ошондой эле кирешеден үмүттөндүргөн жүрүштөрдөн четтетүү болгарларды
нушибилердин тобуна тарта алмак эмес. Чынында эле, андан кийинки окуялардан биз
алар дулулардын тарапкерлери катары чыга тургандыктарын көрүп турабыз53
.
Азыркы убактагы Батыш Казакстандын талаалары, сабирлердин байыркы өлкөсү да
Батыш кагандыкка кирген. Ал жерде дубандык хан Тун-жабгу-хандын аталаш агасы,
"Баатыр" деген атка конгон жана кичи хагандын ардактуу наамына алып жүргөн адам
болгон. Бул өлкө VII к. эле Сибирь деп аталган, кийинчерээк "Баатыр" "Күйлүг Сибир-хан"
деген титулду алган. Өздөрүнүн жактыруулары боюнча сибирь уруулары, болгарлар
сыяктуу эле, дулулар тобуна жан тартышкан.
Ордону уюштуруу. Батыш Түркүт кагандыгы сыпаттап жазган кытай жана грек-армян
авторлору окуяларды үстүртөн жазуу менен чектелип, үстөмдүк кылып турган түркүт
ордосунун өзүнө эмес, еl дегенге кирген урууларга көңүлүн топтогон. Тилекке жараша, П.
Пельонун экспедициясы тарабынан беш хорамдар (тогондор) түзгөн жана тибет тилине
которулган VIII к. экинчи жарымындагы географиялык трактат табылган54. Бул документ
"Түндүктө жашаган падышалыктар жана уруулар жөнүндө" (т.а., Тогондон түндүк жакта)
беш докладдан55 турат; төртөөндө ошол убактагы этно саясий жагдай, ал эми биринде
(биринчисинде), Тун-жабгунун падышалыгынын бүткөн жылы менен белгиленген
тарыхый жагдай баяндалат. Бул документте көрсөтүлгөн уруулардын курамынан көрүнүп
турат.
Бул документ бир катар күтүлбөгөн кыйынчылыктар менен араң түшүнүлөт. Баарыдан
мурда ал документ түзүлгөн түштүк монгол тили, кыязы, терминология жагынан кытайлык
күчтүү таасирге дуушар болсо керек. Ал эми докладдардын авторлору билимдүү адамдар
болушуп, Кытайдын географиялык адабиятын жакшы билишчү окшойт. Ошондуктан
уруулардын аттарында кытай тилине мүнөздүү болгон салттуу фонетикалык
бурмалоолордун изи бар. Андан кийин тибет тилине которууда котормочу укканы боюнча
гана белгилүү болгон уруулардын аттарын дагы бурмалаган. Ошондой болсо да бул
документти илим топтогон маалыматтар боюнча салыштырып жана тарыхый жактан өтө
кылдат сын көз менен карап чечмелөөгө болот. Талданууга тийиштүү болгон тибет
текстинин төрт сабында он эки (чынында он бир) уруулук аталыш камтылган. "Бул
уруулардын падышасы жоктугу жана 6 миң жоокерди чыгара ала тургандыгы" 56
көрсөтүлгөн. Падышанын жоктугун (кыязы, ар бир уруунуку окшойт) алар түздөн-түз
жогорку ханга баш ийген жана кагандыкка кирген башка уруулардан айырмаланып өзүн-
өзү башкаруудан ажыратылган деп гана түшүнүүгө болот. Эгерде бул туура болсо, анда
алар Батыш түрк еlинин эки канатынын—толис- тардуштун системасына кирүүгө тийиш.
Чынында эле бир аз түзөтүүсү менен ал дал ушундай.
Тизмеде уруулар төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: 1) "Азма Мугань падышанын
уруусу" — бул Ашина уруусу; 2) "хали" түркчө "борү" деген сөз менен, т.а., түрк
хандарынын гвардиясынын кытайча бурмаланган "фули" деген сөзү менен
салыштырылат; 3) "А-са-стэ" — түрктөрдүн атактуу Ашидэ57 уруусунун аты; 4) "Сар" —
сөзсүз "сир", т.а., сеянто уруусунун алдыңкы уругу. Тизме "дули" деген сөз менен аяктайт,
мындан "толис" 58 деген терминди оңой билүүгө болот. Андан ары тизме батыштан
чыгышка кетет: 5) "Ло-лад" — аландар моңголдук көпчүлүк сандагы суффикс менен; бул
докладды, албетте, Тогондун тургуну жазган; 6) "Парсил" — Каспий деңизинин түндүк-
батыш жээгинде жашаган болгарлардын барсил уруусу59 7) "Нги-ке" , Тамандын титулу
менен салыштырганда — "Нигю Чуло хан"; нигю — "байыркы усун жергесинде" 60, т.а.,
Балхаш көлүнүн жээгинде жашаган түрктөрдүн уруулук аты; 8) суни — Жуңгарияда, Чыгыш
жана Батыш кагандыктардын чек арасындагы түрк уурусу61. Тизме жолто (9) уруусу менен
аяктайт, мунун эквиваленти жок. Бул жерде биз кагандыктын батыш бутагын түзгөн,
саналып өткөн уруулардын баарын жаап турган "тардуш" деген терминдин бурмаланышы
деп ойлойбуз. Аны "толис-тардуш" системасы анахронизм болуп калган кезде жашаган
тибеттик котормочу бөтөнчө урууга бөлүп көрсөткөн деп ойлоого болот.
Андан кийинки үч уруу: янь-ти, хе-бдал (эфталиттер)62 жана гар-рга-пур, алардын
ичинен ортончусу боюнча ой жүгүрткөндө, Орто Азияда, VII к. 20-жылдарында Тун-жабгу-
хан кагандыкка кошуп алган бөлүгүндө жайгашкан. Бул убакта ал жерде этностук жактан
сарматтарга таандык экендиги аныкталган кушандардын тукумдары жашаган. Бул жерде
сармат уруулары үчүн — янь жана яньцай деген байыркы кытайлык аталыш эске түшөт.
Булардан кытай таануучулар "сармат" этнониминин берилишин көрүшкөн. Биз
кушандардын тукумдары 603-жылы түркүттөр менен союзда Иранга каршы
чыгышкандыгын жана 20 жыл өткөндөн кийин алардын жерлери күрөшсүз эле Батыш
кагандыкка кошулуп калгандыгын көргөнбүз. VII—XI кк. Гураны башкарган атактуу Сури
уруусу Дахактын, т.а., талаалыктардын тукумдары болуп эсептелген63. Биздин автордо
кытайлык адабий реминисценцийлердин бар экендигин эске алып, Пянжанын талаалуу
жээгинде жашагандарды байыркы аты менен атаган деп көбүрөөк ишенич менен
божомолдоого болот, автор муну менен өзүнүн эрудициясын далилдеген.
Гар-рга-пур деген аталыш эки сөздөн: "пур" — уул (персче) жана Гар-рга —карга
(түркчө) деген сөздөрдөн турат. Бул шах Хөрмизддин64 мезгилинде ордо жаргонунда
Бахрам Чубиндин перстик "чубин — карга" 65 деген сөзүнөн алынган. Бахрамдын
тукумдары ал өлгөндөн кийин, VII к. Батыш Түркүт кагандыгынын чегинде болгон Балхта
жашап калган; аларды Саманиддердин ата-бабалары деп эсептешет 66 . Кыязы,
түркүттөрдүн арасында артыкчылыкка ээ болгон абалда жашаган үркөрдөй перс
эмигранттары замандаштары тарабынан түркүттөрдүн элин түзгөн уруулардын бири
катары каралган67
.
Түркүттөрдөн расасы, тили жана маданияты боюнча айырмаланган жана "толис-
тардуш" системасына кирбеген бул үч уруунун бирдей эле негиздерде башка, түрктөрдүн
өз урууларынын катарына киргизилиши алар тең укуктуу мүчөлөр катары ордого
киргизилгендигин көрсөтүп отурат. Алардын ниетинин түздүгүнүн аркасында өз
чөйрөсүнө кабыл алынган барсилдердин жана аландардын бир бөлүгүнүн колдоосу
аркасында алар Кавказдын тоо этегинде кармалып турган сыяктуу эле, түркүттөр
Гиндикуштун тоо этектеринде байырлап тура алган. Расалык принцип байыркы
түрктөрдүн маданиятына жат болгон.
Хандын ордосунда. Тун-жабгу-хан өзүнүн ордосун Чач оазисинин түндүгүндөгү
берекелүү жашыл талаага орноткон. Бул анын кеңири ээликтеринин чок ортосу болгон.
Бул жерде ал Чыгыш (кытайлык) жана Батыш (византиялык) императорлордон
элчиликтерди кабыл алган. Бирок түркүттөрдүн өкүмдарынын ордосун сыпаттоону биз
үчүн дипломаттар эмес, хандан мээримдүү кабыл алууну жана көңүл бурууну тапкан
буддалык кечилдердин калтыргандыгы өтө кызык жана маанилүү. 626-жылы ханга он
жан-жөкөрү менен индиялык үгүтчү Прабхакарамитра келип, ордодогу толук
иреттүүлүктүн жана үлгүлүү тартиптин үстүнөн чыккан68. Хан меймандар менен жай
сүйлөшүп аңгемелешчү, ошондуктан алар эч нерсеге муктаж болгон эмес. Бирок аларга
Кытайга барууга уруксат беришкен эмес, ал жакка Прабхакарамитраны хандын ордосунда
таанышкандан кийин кытай дипломаты чакырган болучу.
Бир канча жылдан кийин хандын жерине башка бир буддалык кечил — кытай Сюань
Цзан келген. Ал Хами оазисине жетер замат аны дароо Каган-ступка, т.а., Беш-Балыкка69
чакырышкан. Жолдо келаткандар аны Турпан оазисине азгырышып, Гаочандын өкүмдары
да "ыйык адамды" өзүнүн жанына калтырууну каалаган, бирок кайраттуу зыяратчы
ачарчылык жарыялап, муну менен өзүнө эркин жол жүрүүгө уруксат берүүгө аргасыз
кылган. Сюань Цзан кетип баратып, кайра келатканда Гаочанда буддалык философия
боюнча лекциялардын курсун окууга убада берген, бирок бул тилеги ишке ашкан эмес.
644—645-жылдарда ал Кытайга кайтып келатканда Гаочан хандыгы кулап калган болучу70
.
Азыркы Токмок шаарына жакын жерден зыяратчы аңчылык кылып жүргөн Тун-жабгу-
хан менен жолугушкан. Сюань Цзанды аргымак аттардын көптүгү таң калтырган. Хан
жашыл атластан чапан кийип, жылаңбаш эле, ичке жибек тасма менен чекеси таңылып,
ийнине түшүп турган чачтарын кармап турган. Ханды парча чапанчан эки жүздөй атчандар
коштоп жүргөн. Алардын чачтары өрүлгөн. Калган жоокерлер төөгө же атка минип
алышкан. Алар көрпө же кездеме кийимчен болуп, учуна желек илинген узун найзалар
жана жаалар менен куралданган. Алар ушунча көп болгондуктан чубалжыган
аскерлердин аягы көрүнгөн эмес71
.
Бул көрүнүш Батыш түркүт ханынын бай жана кооз ордосунун тышкы түрүн көз алдыга
келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эч кандай бозомук түс жок: атлас менен жибек куюлушуп,
парча кийимдер күнгө чагылышып, көрпөлөр жумшак жылтылдайт. Жакшы багылган
аттар ойноктоп, төөлөр ыргала басып, баштарын ийкеңдетишет. Баары, ал түгүл уруулук
каада-салты менен таралган чачтары да майрамдагыдай жана ар түрдүү. Ошону менен
бирге интеллектке өзгөчө урмат көрсөтүшөт. Дубана кечилди жакшылап тосуп алып,
тоюндуруп, кунт коюп угушат, эң акырында Индияга жетип алууга мүмкүнчүлүк беришет.
Кечил ал жактан акылман ойлорду алып келүүгө убада берет. Бирок бул шаан- шөкөт
жана байлык окумуштуу мейман кеткенден кийин көпкө деле созулган жок. Бул 630-
жылдын башы эле, ал эми жылдын аягында кыйроо башталды.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   eldar96   14 Сентябрь 2018 - 11:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТАН ИМПЕРИЯСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ
Суй сарайы жана түркүттөр. Чыгыш түркүттөрдүн үстүнөн Суй сарайынын бийлиги
биротоло бекигендей көрүндү. Жаңгар Кимин хан чек араны гана коргобостон, өз элинин
кытайларга окшош болушу үчүн бардык чараларды көрдү. Ал түркүттөрдү кытайча
кийинүүгө, үй курууга жана эгин эгүүгө мажбурлоого аракеттенди. Ал өзү ага кытайлар
куруп берген Кинхо жана Дин-сян шаарларында жашаган1
, бирок анын букаралары боз
үйлөрдө жашоону артык көргөн. Хан өзүнүн бирден-бир таянычы император экендигин
түшүнүп, өзүнө белгилүү бирден-бир ыкма менен — кытай падышасынын кызы менен
никеге туруу аркылуу союзду чындоого тырышкан. Жазмышка жараша анын биринчи
жубайы өлүп калып, бирок ал көп өтпөй эле башка жубайлуу болду. Жаңы ханыша Ичжен
ага өтө шашылыш түрдө жөнөтүлдү, анткени кийин байкалгандай, ал аялдык ролун
жашыруун тыңчынын милдети менен айкалыштырган экен2
. Кытай өкмөтү түркүттөрдөн
дайыма чочулап турган. Ал хандын эрки элдин маанайын түк дагы чагылдырбайт деп
негиздүү ойлогон.
607-жылы Ян-ди ханга жана ханышага кымбат кийимдерди, алтын кумараларды жана
жибек кездемелерди белекке берген. Мындай белектер ханзаадалар менен төбөлдөргө
да берилген. Бирок бул да аларга аз көрүнгөндүктөн, алар кытайларга сатууга 3 миң
жылкыны айдап келип, казынадан 13 миң таңгак жибекке айырбашташкан. Бул чексиз
жогору баа эле. Арийне, бул чүмбөттөлгөн паралоо болучу.
Анын эсесине ошол эле 607-жылы указ менен кытай элинин түркүттөр менен түздөн-
түз соодалашуусуна тыюу салынган, ошентип натыйжада түркүттөр өздөрү көнүп калган
товарлардан ажыраган. Кытай өкмөтүнүн эсеби жөнөкөй болучу: берилгендигине өкмөт
үмүттөнгөн хан менен бектер алар керектегенден ашык белекке туйтундурулган жана
жөнөкөй жоокерлер хандын жана ак сөөктөрдүн колунан бул ашык буюмдарды алып,
анын эсесине жан-дили менен кызмат кылышат деп божомолдошкон. Анткени катардагы
жоокерлерге эркин базардан өздөрүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу мүмкүнчүлүгү
болуп турганда хан аларды өзүнө эч нерсеси менен тарта алмак эмес. Аларды хандын
арачылыгысыз Кытай менен жараштыруу үчүн аракет кылуунун да кереги жок эле. Анысы
аз келгенсип, Ян-ди өзүнүн союздаштарына бекинүүгө умтулуп, Бэй-Ци империясы
баштаган Улуу дубалдын чептерин калыбына келтирүүнү улантып жаткан болчу.
Бул саясат "жакшылыктын жана алсыздыктын" 3
саясаты деп аталган. Ал кагандыктын
тагында өз элинин күч-аракетин басып турган өкүмдар отурган убакта гана ийгиликке
жетише алмак. Жаңгар бул ролго толук ылайык келген, бирок 608-жылы күзүндө ал
дүйнөдөн өтүп, Ян-ди хандыкка анын уулун — Дуги-шадды дайындаган. Бул түркүттөрдүн
так мурастоо жөнүндө мыйзамын түздөн-түз бузуу эле, бирок Ян-ди эми түркүттөрдөн
чочулабаса да болот деп ойлогон. Дуги "Шибир хан" деген титул алып, өзүнө кытай
ханышасын — өз атасынын жесирин аялдыкка алган, муну түркүттөрдүн салтына ылайык
жасоого тийиш болгон4
. Мына ушул алгачкы кадам жаңы хан көбүнчө өзүнүн алсыз жана
коркок атасына эмес, куу жана намыскөй чоң атасы Чулохоуга окшош экендигин көрсөттү.
Жаңы хандын абалы өтө оор эле. Биринчиден, ал өзүнүн атасынын Кытайга жан
тартуу саясатын уланта алган эмес. Буга анын букаралары каршы болчу, анын үстүнө өзү
да алардын Кытайды жек көрүшүн түшүнгөн, бирок, экинчи жактан, кагандыктын тылы
жок эле. Батыш түркүттөр өтө кас мамиледе болчу, анын үстүнө Таман хандын Шегуй
ханга алмаштырылышы кагандыктардын өз ара мамилелеринин мүнөзүн өзгөрткөн жок5
.
Көчмөн букаралар — уйгурлар, бугулар, тонгралар, байыркулар, кидандар жана татабдар
— болуп өткөн дүрбөлөңдүн убагында өздөрүнүн пейилдеринин түздүгү оңой эле бузула
тургандыгын көрсөтүштү. Эң акырында, Кытай эбегейсиз күчтүүдөй көрүндү, бирок дал
ошол жерде кайрадан түркүттөрдүн эркиндигинин таңын атырган окуялар болуп өттү.
Ян-ди. Вэй Чжэнден (VII к.) профессор Шан Юэге (XX к.) чейинки бардык кытай
тарыхчылары император Ян-динин керт башына жана өзгөчө анын ишмердигине өтө терс
мамиле кылышат. Бир кыйла даражада алардыкы туура, бирок булар мындай пикирге
кокусунан келишпегендигин көңүлгө алуу керек. Ян-ди аны такка көтөргөн таптын өтө
текебер өкүлү болгон, мына ошондуктан алар анын жөндөмсүздүгүнө жана зомбулугуна
чыдашкан. Гуаньлун тобунун помещиктери партия түзгөн, биздин мезгилде, аны улутчул
жана элге жат партия деп атаар элек. Бул топтун бүткүл күч-аракети Хань доорундагы
өчкөн отту кайра жандырууга багытталган болучу. Ушул көз караштан алганда, "Батыш
аймактын" хан-бектерин паралап сатып алуу жана Кореяга жортуул да түшүнүктүү.
Анткени эки өлкө тең Хань Кытайына баш ийген. VII к. Кореяга жаңы элдин көчүрүлүшүнө
муктаждык деле болгон эмес, ошондуктан Ляодунда кытай калкы жашабай калган жана
ал чыгышка жортуул жасоо үчүн база боло алмак эмес, түркүттөрдүн кагандыктары менен
союзда болуп турганда Лобнордун айланасындагы кедей оазистерди кармап туруунун эч
мааниси жок эле д.у.с. Бирок "улуттук сыймык" толук канааттандырууну талап кылган,
ошондуктан бул арзыбаган иштер жасалып, ал эми булардын оорчулугу букара жана
кызматчы катмарлардын мойнуна жүктөлгөн.
Көп миллиондогон кытай элинин тунук аң-сезими императордун жана ордо
адамдарынын куру кыял максаттары үчүн миңдеген адамдар азап тартып кырылуусу
менен келише алган эмес. Эл арасында нааразылык өсө берген. Ал өкмөттүк
тыңчылардын көз жаздымында калган эмес жана императорду чара көрүүгө
мажбурлаган. 609-жылы карапайым адамдарга темир айрыга, орокко, шибегеге жана
бычакка ээ болууга тыюу салган буйрук чыгарылган6
. Бирок мындай сактык жардам
берген жок. 610-жылдын башында дүйнөнү сактап калуучу Майнтрейинин келиши
жөнүндө буддалык үгүткө азгырылган калк Лояндагы императордук кварталга жулунуп
кирип келишип, күзөтчүлөрдүн куралдарын тартып алышып, көтөрүлүш башталган.
Арийне, ал ошол эле жерде туруктуу аскерлер менен басылган, бирок катуу жазалоолор
кытай элин чочута албады. Мына ушул учурдан тартып династия менен өлкөнүн
ортосунда араздашуулар башталган, бирок Ян-ди муну майда нерсе деп эсептеген.
611-жылы Түндүк Корея (Когурө) менен согуш башталды. Корея падышасынын моюн
сунгандыкты билдирип императордун сарайына өзү келүүдөн баш тартуусу согуштун
башталышына шылтоо болгон. Саны 1130 миң адамдан турган7
зор армия 612-жылы
жазында чыгышты карай бет алды. Император жогорку командачылыкты өзүнө алып,
айрым бөлүктөрдүн командирлерине демилге көрсөтүүгө таптакыр тыюу салды. Ар бир
маселе боюнча алар ставкага кайрылууга жана көрсөтмөлөрдү күтүп отурууга тийиш
болучу, ал эми чабармандар өз убагында кайтып келүүгө үлгүрбөгөн соң аскерлер
кыймылсыз калып, корейлерге кайра курулуу мүмкүнчүлүгүн берген. Армияны жабдуу өтө
начар болуп, натыйжада чабуул токтоп калган. Корейлер чегингенде кытайлардын
арьергардын катуу талкалады. Ляошуйга өткөн 350 миң адамдан 2700 адам гана кайтып
келген. Маскаралык талкаланууга алып келген жөндөмсүздүк элдин арасында гана эмес,
үстөмдүк кылган тапта да кыжырданууну туудурган. Ал түгүл Ян-ди муну түшүнүп, кийинки
613-жылы Кореяга жаңы армияны жөнөтүп жатканда командирлерге өзүнүн каалоосу
боюнча аракеттенүүгө уруксат берген8
. Бирок кеч болуп калган эле: өкмөткө нааразылык
козголоңго айланды.
Шаньдунда дезертирлер көтөрүлүш чыгарды. Алар "Ляодунга өлүмгө барбайбыз"
деген ырды ырдашкан 9
. 613-жылы жайында Шаньдундун, Хэбэйдин, Хэнанинин
дыйкандары аскердик кызматка баруудан баш тартышып, көп сандаган көтөрүлүшчүл
армияны уюштурушкан, бирок алар өкмөттүн туруктуу аскерлери менен күч сынаша
алышпай талкаланууга дуушар болушкан, алардан кийин каардуу өлүм жазалары
башталган. Элдин каршылык көрсөткөнүнө карабастан Кореяга жортуул башталды.
Корейлер кайраттуулук менен коргонушту, бирок алардын күчү кытайлардыкына
салыштырганда өтө аз эле. Кореянын көз каранды эместигинин күнү бүткөндөй көрүнгөн
эле, бирок күтпөгөн жерден бүткүл кытай армиясы артка чегинди. Көрсө, Шунун
(Сычуандын) акими Ян Сюань-гай императордун жоктугунан пайдаланып, козголоң
чыгарып, Лоянды курчоого алыптыр. Ян-ди аскерлери менен шашылыш түрдө кайтып
келип, Ян Сюань-гай качууга аргасыз болгон. Душмандын колуна түшүп бербес үчүн ал
өзүн өлтүрүп салууну ишеничтүү досунан өтүнгөн10
.
Ян-ди бийликти чыңдоонун бирден-бир жолу — бул өлүм жазасы деп эсептеген. Ян
Сюань-гайдын көтөрүлүшү үчүн таптакыр тийиши болбогон 30 миң адамдын өмүрү
кыйылып, алардын мүлкү казынага түштү 11 . Лоянга келгенден кийин көчөдө өтүп
бараткандарды көрүп, император уялбастан: "Бул жерде али эл көп турбайбы" , — деп
айткан.
Ян-динин калкынын санын ого бетер азайтууга ташталып кеткен императордук
армиянын арьергардын дээрлик таптакыр талкалаган корейлер жардам берди. Түштүк
Кытайды тынчтандырууга жиберилген полководец Ван Шичундун бетпактыгы тарыхта
калды. Аластоо отунун алдында ал көтөрүлүшчүлөргө кечирим берем деп ант берип,
андан кийин куралын таштаган 300 миң адамды тирүүлөй жерге көөмп таштаган.
614-жылы Ян-ди аскерлерин кайрадан Кореяга алып жөнөгөндө дароо эле
"козголоңчулар аарынын уюгундай болуп көтөрүлүп чыгышты" 12 . Арийне, корейлер
согушту каалашкан эмес, ошондуктан үстүртөн баш ийүү жана чакан алман төлөөнүн
мурунку шарттарында тынчтык келишимин түзүү сунушу менен элчиликти жиберишти. Ян-
ди макул болууга аргасыз болду, анткени анын алдында адегенде өз элин басуу милдети
турган эле.
615-жылы императордун буйругу менен айылдык калктын шаарга көчүп келиши
сунуш кылынган; дыйкандардын партизандык согушу күч алгандыктан, почта
станциялары, кароол мунаралары жана кыштактар дубалдар менен курчалган13. Көрүлгөн
чаралардын таасирдүүлүгүнө ынанган император камкордуктан жана жайкы ысыктан эс
алмак болду. Ал аскерлери букараларын баш көтөртпөй жазалап бүткүчө аңчылык кылып,
шапар тээп көңүл ачуу үчүн өзүнүн шаан-шөкөттүү жан-жөкөрлөрү жана гареми менен
түндүк Шаньсиге келди. Дал ушул учур түркүттөрдүн ханы өтө чыдамдуулук менен көптөн
бери күткөн убак эле.
Шибир-хан. Ян-динин кыдырып чыгуу үчүн расмий себеби түндүк чек араны текшерүү
болгон. Ал жакта чынында эле өтө тынчсыз эле, анткени чек ара тилкесинде жашагандар
— тобалардын тукумдары Суй режиминен жапа тарткандардын арасында болучу. Алар
эчак эле тобалар болбой калышкан, бирок VII к. али кытайлашып бүтпөй, Кытай менен
Улуу талаадан ушунчалык алыс жана экөөнө тең бирдей жакын өзгөчө этностук топту
түзүшкөн. Түрктөр бул элди "табгачтар" деп атаган, ошондуктан мен ушул терминди
кабыл алууну пайдалуу деп эсептеймин. Башталган дүрбөлөңгө табгачтар түздөн-түз
катыша албай коюшкан эмес, анткени алардын илгертен жоокерчилиги сакталып калган
болучу. Бирок алар чаржайыт аракеттенишкен, анткени өздөрүнүн ынтымактуулугун жана
уюмдашкандыгын жоготууга үлгүргөн болучу, жолбашчылардын бири — байыркы Тан
аймагынын князы, полководец Ли Юандын династияга ниети ак болучу; башкалары,
маселен, Боюй-со, Ван Сю-ба жана Вэй Дао-эр сыяктуулар14 түркүттөрдүн колдоосу
астында козголоң чыгарып турушкан. Бул жерде тартипке келтирүү зарыл эле, бирок
император анын ордуна Фынь-ян-гун сепилинде15 шаан-шөкөткө батып жатты. Муну
түркүт ханы билер замат Ордосто көчүп-конуп жүргөн өзүнүн уруулаштарын көтөрүп,
алардын башында туруп императорду кармап алууга жөнөдү. Бирок кытай чалгыны да
уктап жаткан жок. Хандын жубайы болуп калган жана хандын артынан дайыма аңдып
жүргөн ханыша мындай коркунуч жөнүндө Ян-диге жеткирүүгө үлгүрдү16. Ошондон улам
император Улуу дубал системасында жайгашкан Яймынь чебине барып жашынууга
үлгүрдү. Түркүттөр чепти курчоого алып, ошол эле убакта бүткүл областты талкалап
чыгышты. 39 чеп кулады. Го чеби жана Яймындын өзү гана туруштук бере алды. Яймынга
150 миң жоокер жана граждандык калк жашырынды. Чептин дубалындагы тешиктер
бузулган үйлөрдүн кирпичтери менен бекитилди. Азык-түлүк 20 күнгө гана жетмек.
Түркүттөр чепти каптап киргенде алардын жебелери эң коркунучсуз жерде турган
императордун жанына келип түшүп жатты. Бул бүткүл чеп жаа астында калды дегендик
эле. Кайраттуу жоокерлер жана шаардыктар чабуулдун мизин кайтарып, ал эми "улуу"
император өз уулун кучактап отуруп, коркконунан көздөрү шишип чыкканча ыйлады17
.
Түркүттөрдүн кол салуусу жалаң гана капыстыкка эсептелген болучу. Ли Юандын
талаа дивизиялары жана такшалган чек арачылары менен салгылашууда түркүттөр
туруштук бере алышмак эмес. Ошондуктан, туруктуу аскерлер өз императорун куткарып
алууга шашылып келатканда Шибир хан курчоону алып, жаңы эрдиктер үчүн өз
аскерлерин сактап калуу менен чөл талаага чегинди. Ли Юандын аскерлери Ордос
талаасына каптап кирип, алар ал жерден 2000 кары-картаң менен оорулууларды гана
тапты, алар кыжырданган кытай ветерандарынын курмандыктары болуп калды. Согушту
бир кыйла чечкиндүү жүргүзүү үчүн Ян-ди акчага жоокерлерди жалдады, бул ошол мезгил
үчүн бөтөнчө окуя эле18. Кыязы, дүрбөлөңдүн шарттарында мобилизациялоону жүргүзүү
мүмкүн болгон эмес, ал эми дүрбөлөң түшүргөндүгү үчүн көчмөндөрдөн өч алууну өзүнүн
парзы деп эсептеген. Албетте, мына ушундан кийин түркүттөр менен Кытайдын
ортосундагы согуш токтотулган эмес.
Кийин байкалгандай, Шибир хандын көтөрүлүш чыгарышына кытайлар шылтоо
берген. Шибир хандын күчөп бара жаткандыгына тынчсызданган Суй өкмөтү түркүттөргө
карата өзүнүн адаттагы саясатын колдонууга аракет кылды. Чжан-сунь Шэндин ишин
улантуучу Фэй Гюнун кеңеши боюнча хандын кенже иниси Чжиги-шадга аялдыкка
падышанын кызы жана "түштүк ханы19 деген титул сунуш кылынган. Муну менен кытайлар
түркүттөрдүн күчүн ыдыратууну каалаган; бирок Чжиги-шад мындай сунуштан кесе баш
тартып, бул жөнүндө агасына билдирген. Бул Шибир хандын Суй сарайына кастыгын ого
бетер күчөткөн. Иши ордунан чыкпай калгандыгын көңүлгө албастан, Фэй Гю өтө шектүү
түркүт уруу аксакалдарын алдап колго түшүрүп алууну Ян-диге сунуш кылган. Мында Хуси
деген бирөө курман болгон. Ал Маи шаарына белек алуу үчүн деген шылтоо менен
чакырылып, жолдоштору менен бирге колго түшүрүлүп, баштары кесилген. Императордун
жүзүкаралыгы Шибир ханды согушка түрткөн20
.
616-жылы согуш аракеттери адегенде өтө солгун жүргөн. Талаада салгылашуу
ыкмасына үйрөтүлгөн Ли Юандын отряды чек арага түркүттөрдүн кол салууларын
ийгиликтүү майтарып турган. Буга карабастан катуу чочулаган Ян-ди түштүккө,
түркүттөрдөн алысыраак кетип калган. Ал Цзянду (Янчжоу) чебине бекинип алып, өлкөнү
тагдырдын жазмышына таштап, шаан-шөкөттүү сайран куруп жата берген21 . Мунун
кесепеттери дароо эле байкалды.
Шибир хандын кичинекей эле кыймылы чириген режимдин кыйрашына жетиштүү
болду. 617-жылдын ичинде Кытайда беш көтөрүлүш чыккан. Княздар, генералдар,
каракчы шайкалардын атамандары көтөрүлүш чыгарды. Шибир хан бул козголоңго өтө
жигердүү катышты. Көтөрүлүшчүлөрдүн баары ага жагынууга аракет кылганына
карабастан ал генералдар Ян Ши-ду жана Лю У-чжоу менен союз түзүп, аларга аттарды
жана карышкырдын алтын башы тартылган тууну жиберген. Кийинчерээк ал өзүнүн
башкы душманы Ли Юань менен да ыкка келген22
.
Жакындагы эле кемсинткен мамилеси үчүн түркүттөргө кытайлардан толук өч алууга
убакыт келип жетти. Шибир хан Ортолук империянын чыныгы ээси болуп калды.
Түркүттөрдүн соотчон аскерлеринин талоончулук жортуулдары Цзиньяндын дубалдарына
чейин созулду. Көпчүлүк кытайлар түркүттөр тарабына качып өтүп, алардын аскерлерин
көбөйттү. Кидан, Шивей, Тогон жана Гаочан Шибир ханга баш ийип калды23
.
Ли Ши-минь. Ортолук империянын башына түшкөн дүрбөлөң кокусунан болгон эмес.
Кытай патриоттору Хань империясынын зоболосун кайра түзүү тууралуу көксөшкөн, бирок
алардын артынан Үч падышалыктын кандуу дүрбөлөңү жана хуннулардын чабуулу
болгондугун унутуп калышкан. Эми болсо өтө кыска мөөнөттүн ичинде ошонун эле
өзүндөй, бирок бул жолу жасалма түзүлгөн процесс болуп өттү. Ошондой эле воеводалар
өз ара тытышып, ал эми түштүк хуннулардын ордун табгачтар ээлеши мүмкүн эле, аларга
чыныгы жолбашчы гана жеткен эмес. Бирок ал да табылды: бул Ли Шиминь —
полководец Ли Юандын экинчи уулу эле.
Ли фамилиясы байыркы убакта кытайлардын кызматкер төбөлдөрүнө таандык
болгон. Ли Хао 400-жылы Бэй Лян (Хэси) княздыгынын букарасы Аньси менен
Дуньхуандын акими болгон. Дүрбөлөңдөн пайдаланып, ал бөлүнүп чыгып, өзүн борбору
Лянчжоу болгон Си Лян княздыгынын падышасы деп жарыялаган24. 422-жылы бул княздык
хуннулар тарабынан баш ийдирилип, Ли тукуму өзүнүн алгачкы абалына кайтып келип,
кайрадан кызматкер төбөлдөр болуп калган. Тоба-Вэй жана Бэй-Чжоу династияларынын
убагында да ушундай бойдон кала берген. Ли тукумунун мүчөлөрү тобалык өкүмдарларга
чын дилинен берилген, ошондуктан администрацияда маанилүү кызматтарды ээлеп25, эң
акырында Тан гуну26 деген мурастык титулду алышкан. 200 жылга созулган ишкердик,
жеке жана никелик байланыштар Ли тукумун жарым таболук, жарым кытайлык
төбөлдөргө айландырып, аны биз жогоруда өзгөчө эл — табгач — катары мүнөздөгөн
элек.
Мында таптык таандык да бир кыйла роль ойногон. Ли тукуму бай жер ээлери
болушкан жана турмуш-тиричилиги аларды талаада иштеген кытай батрактарына жана
ижарачыларына караганда табгачтык помещиктер менен көбүрөөк байланыштырган. Ли
Юандын атасы Ли Ху гүлдөп өсүүнүн туу чокусуна жеткен, ага Юйвынь Цзянды бийликке
алып келген төңкөрүшкө катышкандыгы үчүн Дае27 деген ардак фамилия берилген. Ян
Цзянь бул ардактуу наамды Ли Юандан тартып алган, бирок аны Тайюанинин өкүмдары
бойдон калтырган.
Бул тукумдун бүткүл тарыхы анын таламдары Түндүк Кытайдын табгач
помещиктеринин көксөгөн тилеги менен дал келгендигин көрсөтүп отурат, бирок Ли
Юань саясатчылык жана жолбашчылык сапатка ээ эмес болчу, ал бар болгону жакшы
генерал эле. А бирок андай сапат анын экинчи уулу Ли Шиминде жогору даражада болуп,
ал өзүнүн атасын башталган граждандык согушка катышууга үгүттөгөн.
Таптык жарылуунун жана граждандык согуштун шарттарында ар кандай куралдуу
чыгуунун өзүнчө социалдык мааниси жана программасы болууга тийиш. Мына ушундай
жол менен гана ал тарапкерлерге ээ болуп, ийгиликке жетише алмак. Бүткүл Кытайды
дыйкандар кыймылы кучагына алып, аман калган помещиктер менен чиновниктер
шаарларда жашырынып жаткандыкын Ли Шимин "тынчытуунун" , Суй династиясынын
бийлигин калыбына келтирүүнүн программасы менен чыккан, ошондуктан ал баштаган
согуш "адилеттүү" деп аталган.
Бул программа кимге жаккан?
Биринчиден, өз адамын такка отургузууну жана "Гуаньлун тобундагы" төбөлдөрдү
кысымга алууну каалаган Түндүк Кытайдын табгач помещиктерине жаккан. Экинчиден,
төбөлдөр өздөрүнүн бекемделген сарайларында коопсуз отурганда дыйкандар эч
тоскоолсуз өлтүрө берген майда кытай помещиктерине жана чиновниктерине жаккан.
Үчүнчүдөн, көтөрүлүш чыгарган дыйкандарга жаккан; аларды жерге тирүүлөй көмүүнү
токтотуп, мамлекеттик кампалардан дан берип тоюндура баштаганда алар куралдарын
таштап, бейкут эмгекке кайтып келүү үчүн кыштактарына тарап кетишкен, анткени
башында эле аларга ушул жетишпей жаткан болучу. Төртүнчүдөн, өздөрүн жек көргөн
кытайлардын ордуна алардын турмуш-тиричилигине жана салт-санаасына көнүп калган
адамды жанынан көрө алышкан түркүттөргө жаккан. Арийне, Ли Юань түркүттөрдүн
өздөрүнүн согуш жүргүзүү ыкмаларынан пайдаланып аларга катуу сокку урду, бирок
согуштагы эрдикти эч ким айыптабайт, анын үстүнө баатыр адам менен достошуу
жагымдуу болгон.
Суй династиясынын тарапкерлери башталган кыймылга каршы чыгышкан, алар тан
аскерлеринен Вэй жана Бэй-Чжоу жарым көчмөн империяларынын аларга жек көрүмчү
салттарын кайра жаратууга умтулгандыгын негиздүү көрө алышкан. Ян-динин
душмандарынын ичинен көпчүлүгү Суй империясынын принциптеринин жүзөгө
ашырылышы үчүн өмүрүн кыюуга даяр эле. Ошондуктан согуш өтө айыгышкан түрдө
жүрдү.
Бирок кан төгүүнүн күнөөкөрү, 'Теңир астындагы империянын падышасы, улуу жана
кайталангыс Ян-ди" эмне кылды? Өзүнүн эң кооз сепилине бекинип алып, убактысынын
баарын шарап менен сулуу кыздарга арнады, кыязы, эмне жорук кылгандыгын өзү
сезбесе керек. Өзүнүн аракетсиздиги менен ал өз тарапкерлеринин кубатын ушунчалык
бошоңдотуп, натыйжада алардын бири мас болуп жаткан зулумду муунтуп өлтүрүп, өзүн
император деп жарыялады. Киши өлтүргүчтүн бул жоругу ал козголоңчудан тепселген
мыйзамдуулуктун коргоочусуна айланган Ли Юанга гана жардам кылды.
Бул убакта тан армиясы бышып жетилип, жеңишке ээ боло берди. 617-жылы
кышында Ли Юань Чанъянды алып, эски режим менен байланышта болгон бир канча
төбөлдү өлүм жазасына тарткандан кийин мунапыс жарыялап, муну менен элдин кеңири
массасынын жактыруусуна ээ болду. Мындан тышкары, кары-картаң, эмгеги сиңген
чиновниктерге ардактуу наамдарды берди. Кембагалдар үчүн мамлекеттик кампалар
ачылып, сарайдагы күң-токолдор өз үй-бүлөлөрүнө жөнөтүлдү. Жоокерлерге калкты
тоноого тыюу салынды; суй мезгилинин катуу мыйзамдары убактылуу токтотулуп,
алардын ордуна жаңы кодекс кабыл алынды, буга ылайык "киши өлтүргүчтөр,
каракчылар, чыккынчылар жана козголоңчулар өлүм жазасына тартылмак болду"28, т.а.,
жаңы өкмөттүн душмандары өлүмгө тартылды. Ян-динин өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кабар
Чанъянга жетер замат Ли Юань өзүн Гаодзунун императору деп жарыялап, өз
династиясын Тан деп атады. Бул окуя 618-жылы 18-июнда болгон эле.
Чыккынчылар. Чанъянда Ли Юандын таажы кийишин өзүнүн жеңиши катары кароого
Шибир хандын бардык негиздери бар эле. Ли Юань түркүт ханынан колдоо издеген
талапкерлердин бири гана болучу, ошондуктан тан князынын ийгилиги түндүктөн келген
бир кыйла жардамга байланыштуу болучу. Атчаңдарды толуктоо үчүн түркүттөр 2000
жылкы айдап келишип, душманды басуу үчүн 2000 чарайналуу жоокерди жиберишти29
.
Өтө кубаттуу союздаштын бийлигинде калып калбоо үчүн Ли Юань андан көбүрөөк алууга
батынбады30. Шибир хан тан аскерлери жакынкы убакта зор Кытайды жеңип алат деп
эсептеген эмес, анткени бир канча баатыр жана таланттуу полководецтер өз ээликтерин
тамчы каны калганча коргоп жатышкан. Бирок Ли Шиминдин аскердик таланты жана чек
арада үзгүлтүксүз согушка көнүп калган табгачтардын өжөрлүгү кытай традицияларынын
көшөрүүсүн жеңип чыгып, 624-жылга карата өлкө тан императорунун таманы астында
калды. Бул согуш бүт бойдон кытай тарыхына таандык, ошондуктан биз анын
кайчылаштарына жана кайгылуу эпизоддоруна токтолуп отурбайбыз. Биздин тема үчүн
түркүт ханынан жардам издеген Суй жана Тан сарайларынын душмандарынын экинчи,
кичирээк тобу маанилүү.
Тилекке жараша, алардын колбашчыларынын тизмеси сакталып калган, ошондуктан
бизде Шибир-хан колдогон кыймылды мүнөздөөгө мүмкүнчүлүк бар: 1. Го Цзы-хэ —
жеңил атчандардын оң канатынын гвардиялык офицери. Ачарчылыктын убагында ал
башка 18 кутумчу менен бирге элеттик шаарды басып алганда, ачка калган эл жардам
бербеген башкаруучуну өлтүрүп салган. Андан кийин Го Цзы-хэ өзүн "түбөлүк достуктун
падышасы" деп жарыялаган. Түркүт ханына жакындап, ал өзүн "Ян сарайын талкалаган
Теңир уулу" деп атап, ошол эле убакта "Бөрү-шад" деген түркүттүк титулду алган. 2. Лян
Ши-ду — Шофан чебинин (батыш Ордосто) гарнизонунун офицери. Жалданма
каракчылардын жардамы менен шаарды басып алып, ал башкаруучуну өлтүрүп, өзүн Лян
династиясынын императору деп жарыялаган. Түркүттөргө баш ийип берип, ал алардан
"Тарду Билге хан" деген титул алган. 3. Лю У-чжоу — Маи чебинин (чыгыш Ордосто)
атчандар офицери, он жолдошунун тилектештигине таянып, өкүмдардын кабыл алуу
залына кирип барып, аны ал жактан сүйрөп чыгып өлтүрүп салган. Ага тоскоолдук кылууга
эч ким батынган эмес, тескерисинче, көп убакыт өтпөй анын туусу астына 10 миң жоокер
чогулган. Ал өзүн башкаруучу деп жарыялап, жардам сурап Шибир ханга өтүнүч жиберген.
Жооп катары ал карышкырдын алтын баштуу туусун жана "Ян сарайын жана императорду
жок кылган хаган" деген титулду алган. Суй аскерлерине каршы ал өтө ийгиликтүү
аракеттенип, түндүк Шаньсинин көп бөлүгүн басып алган, мунун өзү ага императордук
титулга талапкерлигине мүмкүндүк берген.
Башкалар деле ушул сыяктуулар — ар-намыссыз жана уятсыз авантюристтер болгон.
Тарыхта алар олуттуу роль ойношкон эмес, ошондуктан аларды санап көрсөтүүнүн кажети
жок. Алар Кытайды Ян-динин кылмышкер зомбулугу дуушар кылган ыркы кетүүнүн
натыйжасы болгон. Өздөрүнүн психикасы боюнча алар өлкөнүн ичинде тан аскерлерине
каршы күрөшүп жаткан кытай традиционисттерине каршы келген. Бирок көп сандаган
козголоңчулардын арасында кокусунан пайда болгон адамдар бар эле. 621-жылы
аракечтик жана ээнбаштык үчүн сотко берилген кээ бир офицерлер өз отряддарын
козголоңго түртүп, башчылыгына Лю Хэй-да деген кайдагы бир окумуштууну шайлап
алышкан, алар өлүм коркунучу менен ага өздөрүнүн башчысы болууну жана такка
жетишүүнү сунуш кылышкан. Шордуу Лю Хэй-дада буга макул болуудан башка арга калган
эмес.
Түркүт ханынын өзүнүн колдоосу аркасында гана баштары аман калган бул
"императорлордун баарына" жек көрүү менен мамиле кылышына бардык негиздер
болгондугу түшүнүктүү. Ошондуктан, ал Ли Юань деле башкалардан ашып түшпөйт жана
анын такка отурушу Кытайды бошоңдотот деп ойлоп такка отурууга жардам берсе керек.
Мындан тышкары, Ли Юань өтө дипломаттык жол менен аракеттенип, ханга жазган
каттарында тең ата падыша катары кайрылган, мунун өзү кытай салтына кескин каршы
келген31. 613-жылы Ши-бир хандын элчиси тойдо императордун катарында отурган,
бирок 619-жылы хан өзүнүн катасын түшүнүп, окуя башка нукка өнүктү.
Замандардын алмашуусу. Тан өкмөтү зор түзүүчүлүк жана чыңдоо ишин жүргүзүп
жаткандыгы жөнүндө тыңчылар түркүт ханына жеткирип турду. Хан өзүнө бакыбат жана
бай Кытай эмес, алсыз жана бытыраган Кытай пайдалуу экендигин ачык түшүнгөн. Аны
аскердик реформа өзгөчө тынчсыздандырууга тийиш болгон. Ли Юань такка отургандан
кийин Ли Ши-мин менен бирдикте бүткүл армияны кайра уюштурушту: "Тхан династиясы
борбордо сегиз дивизияны түздү. Ар бир дивизия чыгыш жана батыш болуп бөлүнүп,
ошентип бардыгы 16 дивизияга жетти. Ошол 16 дивизиянын аскер чиндерин Тхан сарайы
чет өлкөлүк акимдерге жана өздөрүнүн чет өлкөлүк вассалдарына берди"32
.
Бул дивизиялардын катардагы тутуму да жалданмалардан түзүлүп, аларды "илохэ" ,
т.а., "тандалган азаматтар, чың адамдар" деп аташкан. Жаңы армияга Ли Ши-мин мындай
деп баа берген: "Байыркы заманда, Хань династиясынын убагында хуннулар күчтүү, ал
эми Кытай алсыз болгон. Азыр Кытай күчтүү жана түндүктөгү варварлар алсыз.
Кытайлардын миң жоокери алардын он миңдеген жоокерин талкалай алат"33. Бул сөздөр
туура болуп чыкты.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   eldar96   18 Сентябрь 2018 - 17:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

619-жылы Шибир хан чакан аскери менен Ордоско кирип, Лян Ши-ду менен кошулду.
Көп убакыт өтпөй аларга Лю У-чжоу кошулуп, союздаштар Ички Кытайга басып кирүүгө
даяр эле34. Жаңы душмандын пайда болушунан чочулаган Ли Юань Улуу дубалдын
чептерин калыбына келтирүүгө жана тоо ашууларында жер тосмолорун курууга буйрук
берген, бирок Ли Ши-мин аны айнытып, таштарга эмес, күжүрмөн командирлердин ойлоп
тапкычтыгына жана кыраакылыгына таянуу керек деп айткан35. Бирок каптап кирүү болгон
жок, анткени хан ооруп калып бат эле өлдү. Чянъянда жакшы досунан ажырагандай түр
көрсөтүштү. Император өзү "көңүл айтып", "сөөгүн коюу үчүн" 30 миң таңгак жибек
кездеме жөнөттү. Муну менен сөзсүз боло турган согуштун мөөнөтү дагы бир жылга
узартылды. Бул жылдын ичинде Тан империясы чыңалып алууга үлгүрдү, ал эми
түркүттөрдүн кагандыгында анын кубаттуулугун бир кыйла начарлаткан окуялар болуп
өттү.
Тан Кытайы жана талаа. Байыркы кытайдын аң-сезиминде доорлор символдук түс
менен боёлгон. Ак түс эрте Цинь доорун билдирген, ал Лю Бандын түшү жөнүндө
белгилүү уламышта кызыл жылан, т.а., Хань соруп алган ак жылан катары көрсөтүлгөн.
Кызыл түс Кытай үчүн улуттук түс болгон, жашыл түс талаа көчмөндөрүн, кара түс
тибеттиктерди түшүндүргөн; жердин бөөдө кырсыгын жана тайбастыкты чагылдырган
сары түстү Вэй династиясынын негиздөөчүсү Тоба Гуй 36 кабыл алган, ал эми Тан
династиясычы? Тан түс жагынан кабыл алганда чаар болуп көрүнгөн.
Чынында эле, 618-жыл Кытай үчүн гана эмес, бүткүл Азия үчүн да бурулуш жыл болуп
калган. Улуу полководец, администратор жана саясатчы Ли Ши-мин Александр
Македонский сыяктуу ар башка улуттагы өлкөлөрдү жөн эле жеңип албастан, бул
маданияттарды жакындаштырып, "цивилизациялуу" Кытайдын көчмөн жапайылар менен
илгертен берки карама-каршы коюлушун тыгыз жакындашуу менен алмаштырууну
каалаган. Буга чейин маданий алмашуу баш аламан жүрүп келген; 618-жылдан тартып
аны атайын кубаттай баштады. Окуяларга жык толгон мезгил башталган процесске оң
таасирин тийгизди: суй зомбулугунан качкан көптөгөн кытайлар түркүттөрдүн көчүп
жүргөн жайларына отурукташып, өздөрүнүн меймандос ээлери менен туугандашып кетти.
Бир далай талаа баатырлары каарман жоокер Ли Юандын туусу астына чогулду.
Аларга кытайсыңбы же түрксүңбү деген суроону берип отурбастан кызматка кабыл ала
беришти. Алар татынакай кытай кыздарына үйлөнүп, маңдайына жазган тагдырына
ыраазы болуп, аскерде кызмат өтөөдөн же падыша сарайындагы мансаптан жашоонун
маңызын көрө башташты. Империя мына ушундайча түзүлүп, "табгач" эли ушинтип
көбөйгөн. Ошентип, Улуу дубал түз мааниде да, кыйыр мааниде да ушундайча уралган
болчу.
Кытайда чет элдик нерселердин баарына зор кызыгуулар пайда болду. Кытай-түрк
сөздүгү түзүлүп, тилекке каршы, ал сакталбай калган. Ар башка элдердин, анын ичинде
түрк элинин музыкасы Тан империясынан мурда өкүм сүргөн Бэй-чжоу династиясынын
убагынан бери императордук оркестр тарабынан аткарылып келген, ал эми биз кызыгып
жаткан доордо ал толук таанууга ээ болгон. Адамдардын жөнөкөй алмашуусу жүрүп
жатты: Чянъанда VII к. 20-жылдарында эле түркүттөрдүн 10 миң үй-бүлөсү жашаган37
.
Алардын кийимдери жана салттары кытай төбөлдөрүнө жагып, II к. Римде германдык
табиттерди, ал эми УШ к. Византияда хазарлык38 табиттерди туураган сыяктуу эле, түрктүк
бардык нерселер39 мода боло баштаган. Жыл өткөн сайын көчмөндөрдүн каада-салты
ийгиликке ээ болуп, ордо чөйрөсүндөгүлөрдү жана төбөлдөрдүн турмуш-тиричилигине
кирген. Тойлордо чет элдик музыканын астында "чет элдик тамактар" берилген. Түрк
кийими — жакалуу, сол өнүрүнө жабылган жана кур курчалма жашыл же күрөң чапандар
тан доорунда адаттагы кийим болуп калган40. Бирок кытайларга баарынан да боз үй
жаккан, ал кыш мезгилинде VII к. кытай үйүнө караганда салыштырууга болбогондой
мыкты турак жай болгон.
Боз үйдүн артыкчылыгын акын Бо Цзюй-и (772—846) кеңири сыпаттап жазган. Кытай
төбөлдөрү короолоруна боз үй тигишип, ага кыш мезгилинде көчүп киришкен. Бо Цзюй-и
боз үйдү "көк" деп атайт, кыязы, түрктөрдү символдоштурган түстү баса белгилесе керек.
Бул булак жакында эле илимий колдонууга киргизилген соң, мен аны толугу менен
берүүнү ылайык деп эсептеймин.
БОЗ ҮЙҮ ЖАНА ОЧОГУ МЕНЕН КОШТОШУУ
Карылыктан караңгы үйдө думугам,
Кышкы ызгаар суугу өтүп сөөктөн.
Бурганактап жааган карга буюккан
Түнөгүмдүн түрү кетпейт жүрөктөн.
Түндүгүмдүн күндөрүндөй көгүлжүн
Боз үйүмдө жакшынакай жарашык.
Аптабына коломтодо жалындын
Жатам минтип жылуу-жумшак жылынып.
Коёнго окшоп ийинине жашынган,
Балык сымал суу түбүнө сүңгүгөн,
Моюн бербей аяздын ач суугуна
От табынын илебинде үргүлөйм.
Кыш айынын узун түнүн узатып,
Жер жарылып көктөм чыкты кылайып.
Жайкы аптап каарына албаса
Кайтып келем конушума айланып.
Күлү додо от жалыны өчкөндө,
Керегелер көтөрүлүп, кыш мезгили өткөндө,
Убайымга салат жазгы коштошуу,
Көнүмүштөй көрүнсө да жөрөлгө.
Тагдыр буйруп, жаным аман болсо эле
Күздө кайтып келемин боз үйүмө41
.
Көптөгөн орто кылымдык ырлар сыяктуу эле, бул ырдын кош мааниси: түздөн-түз
жана каймана мааниси бар. Жазгы жыт жана мезгилдин алмашуусу астында жыл
мезгилинин алмашуусу гана эмес, көчмөндөр менен мамилелердин татаалдашы да
түшүнүлөт. Ири чиновник болуу менен Бо Цзюй-и дайыма империялык саясатка ниети ак
болуп, баары жайына келип, коңшулаш варварлар менен бейкуттук калыбына келтириле
тургандыгынан үмүттөнгөн. Бул жерде ал поэтикалык сыпаттоо менен империялык
саясаттын негизги багытын билдирет.
Ошентип, Тан империясы дүйнөлүк мааниге ээ болууга талаптанган. Бул анын андан
аркы саясатынын болуп көрбөгөндөй гүлдөшүн жана кандуу ойрон болушун аныктаган. Ар
кандай саамалык сыяктуу эле, Кытайдын жана талаанын биригишинин өзүнчө терс жагы
болгон: Тан монархтары баарына тең таянгысы келген, ал эми кыйын кезеңдерде аларды
эч ким колдогон эмес. Өз командирлеринин эрдигинин жана жоокерлеринин
туруктуулугунун аркасында Тан монархтары жеңиштен жеңишке жете берген, бирок
алардын мамлекети улам начарлай берген. Алар басып алган жерлердин баары
чындыгында куралдын күчү менен багындырылган, Кытай болсо алардын биринчи
олжосу болгон. Бирок алардын жеңилгендерге кечирим берип, ажайып нерселерди
баалай жана алысты сүйө билиши бул мезгилдин маданиятына кылымдар бою татыктуу
атак-даңк алып келди.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   eldar96   18 Сентябрь 2018 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ЧЫГЫШ КАГАНДЫГЫ
Чуло хан. 619-жыл Кытай үчүн да, Чыгыш түркүт кагандыгы үчүн да кризистин жана
бурулуштун жылы болду. Дал ошондо күчтөрдүн жайгашуусу жана табгачтар менен
түркүттөрдүн ортосундагы кагылышуулардын болбой койбостугу аныкталды. Чындыгында
Шибир хандын Кытайга карата саясаты өтө көрөгөчсүздүк болгон. Түркүттөрдүн өздөрү
сыяктуу эле, жоокер жана чыдамдуу чек аралык табгач помещиктери кадимки кытайларга
караганда бир кыйла коркунучтуу душман болуп чыкты. Ошентип Чуло хан деген титул
менен такка отурган Шибир хандын бир тууганы муну түнгүнүп, өзүнөн мурдагынын
каталыктарын оңдоого шашылды. Өзүнүн бир тууганы койгон адамдар — авантюристтер
Лян Ши-ду менен Лю У-чжоуну колдоону улантып, ал ошол эле убакта өзүн Суй
сарайынын коргоочусу деп жарыялап, кытай "патриоттору" — Цзинчэнгуандын (Лояндын
түндүгүндө) башкаруучусу Ван Ши-чун1 жана Хэбэйди, чек ара району Шаньдун —
Хэнанды өз колуна кармап турган Доу Гянь-дэ2 менен катнаш түздү. Тан императорунун
бут астынан мыйзамдуулуктун негизин жулуп алууга умтулуп, Чуло хан өзүн Суй
династиясын калыбына келтирүүнүн талапкери деп жарыялап, императордун аялына баш
калкалай турган жай берип, талапкер князь Ян Чжен-даону таанып, ага "ван" титулун
берген. Суй династиясынын бир кыйла тарапкерлери түркүт ханына качып барып, көп
убакыт өтпөй Шаньсидеги Датунфунун жанындагы Динсян шаарында резиденциясы бар
эмигранттык өкмөттү уюштурушту. Ошол эле убакта 2000 түрктүн колдоосу астында Лю У-
чжоу жортуулга чыкты. Тан империясы катуу кысымга алынды.
Чуло хандын кулатылган династияны колдоого багыт алышы чек аралык
талапкерлерди тынчсыздандырбай коё албады, аларды Суйдун жеңип чыгышы, ошондой
эле Тандын жецип чыгышы да бирдей өлүмгө алып келмек. Ошондуктан алар түркүт
ханынын бийлигин таанууну жана өмүрүн сактап калууну артык көрүшкөн. Аскерлердин
кол башчысы Лян Ши-ду өзүнүн шаан-шөкөттүү титулу жөнүндө унутуп, 620-жылдын
башында Чуло ханга төмөндөгүдөй сунуш менен кайрылган: "Чуньюанда козголоңдор
болуп жатат, ошентип өлкө бир канча падышалыкка бөлүнүп кетти. Абал бирдей, күчтөр
алсыз, ошондуктан баары туцзуйларга (түркүттөргө) баш ийип жатат. Азыр Тан бүткүл
империяны баш ийдирип алды. Мен өлүмдөн коркпойм, кезек сизге да жетет деп корком.
Алар такка бекинип алганча түштүктө Чжунюанды ээлеп алуу жакшы, ал эми мен башчы
болуп кызмат өтөөгө убада кылам". Чуло хан анын пикирин кабыл алып, бар болгону 2
миң атчандан турган "улуу армияны"3
чогултту. Бул армия түндүк Шаньсини каптап кирген
Лю У-чжоуну колдоого Чуло хандын иниси Бөрү-шаддын командасы астында жиберилген.
Алгач убакта союздаштар ийгиликке ээ болуп, областтын Тан башкаруучусу "аларды
токтото алган эмес"4
. Бирок бул жерде ханзаада Ли Ши-миндин табгачтык эрдиги жана
аскердик таланты майданга чыга келди. Лю У-чжоу түркүттөрдүн жардамы менен
Бинчжоуну5
басып алууга үлгүрдү, бирок ушуну менен анын ийгилиги бүттү. Түркүттөр
Цзиньян шаарында бардык жаш аялдарды туткунга алып, олжого марып талаага чегинип
кетишти.

Союздаштары таштап кеткен Лю У-чжоу 620-жылы Ли Ши-миндин табгачтары
тарабынан талкаланып, түркүттөргө качып кетти, бирок аны менен кызматташуу
жаманатты кылат деген ойдо аны өлтүрүп салышты. Анткени алар азыр "мыйзамдуу
өкмөттүн коргоочулары" болуп калышкан, ошондуктан алар кылмышкер менен
байланышууга тийиш эмес эле.
Андан кийин Ли Ши-мин Ван Ши-чунга каршы чыгып, аны талкалады. Ван Ши-чунга
жардамга Доу Гянь-дэ келип, 621-жылы Лояндын тегерегинде айыгышкан салгылашуулар
болуп, натыйжада эки полководец тең талкаланган жана туткунга алынган. Бирок Чуло хан
өзүнүн үмүттөрүнүн таш кабышына чейин жашаган жок. Ал өтө таң калычтуу кырдаалда
620-жылы дүйнөдөн кайтат. Хан иши оңунан чыкпастыгы жөнүндө төлгөлөргө карабастан
Суй сарайына жардам көрсөтүүгө ниетин билдирер замат "кандуу жаан"6
башталып,
түнкүсүн кандайдыр бир "жашыруун кыйкырыктар" угулуп, хан Суй сарайынын ханышасы
дарыягандыгына карабастан күтпөгөн жерден ооруп калып дүйнөдөн кайтат.
Мында эмне болуп кетти? Ууландырды деп айтууга болбойт, анткени Суй
тарапкерлери үчүн хан эң мыкты дос болгон. Кыязы, ооруп калуунун жана өлүмдүн
себеби катуу капа болуу болушу мүмкүн, анткени бул үчүн негиздер бар: түндүктөгү жана
батыштагы абал күтүлбөгөн жерден оордоп, коркунучтуу болуп калган эле.
Уйгурлар. Улуу Гоби чөлүнүн түндүк жагында көчүп жүргөн теле уруулары чыгыш
түркүттүк хандын букараларынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн. Кытайлар алардын жалпы
санын шарттуу түрдө 100 миң адам жана 15 миң тандалмалуу аскери бар деп
аныкташкан7
. Акыркы сан реалдуу, бирок VII к. масштабдары боюнча өтө эле көп.
Түркүттөр телелердин бытырандылыгынан пайдаланып, аларга оор алым салышып,
өз аскерлерине күчтөп алып турушкан. Бул Шибир-хандын колунан келген, бирок Чуло
хандын8
убагында уйгур, бугу, тонгра жана байырку уруулары биригишип, Йаглакар
(Йологэ) тегинин жетекчилиги астында көтөрүлүш чыгарышкан, кийин бул уйгур
кагандыгынын башында туруп калган. Түркүттөр үчүн бул оңолгус кырсык эле. Алардын
Кытайга болгон кысымы бошоңдоп, жаңыдан жаралган Тан империясы тыныгуу алды.
Кытай дипломатиясы көтөрүлүштү даярдоого катышкандыгы белгисиз. Бирок мында анын
күнөөсү болбошу мүмкүн. Бирок кандай да болсо түркүттөрдүн колу байлануу болуп, Чуло
хандын мурасчысы анын бир тууганы Кат Ил-хан Тугбир9
өзүнүн ордосун Хангайга10
көчүрүүгө аргасыз болгон, анткени чыгыш талаалары көтөрүлүшчүлөрдүн бийлиги
астында калган 11 . Көтөрүлүш чыгарган уруулар ордо негиздебестен, монархияга
караганда республикага көбүрөөк окшош уруулар союзун түзгөн. Башчылык кылган
Йаглакар уруусу менен катар "эл Шигянь-сыгинди өзүнүн падышасы деп жарыялаган" ,
андан кийин ушундай эле жол менен бийликти анын уулу Пусага өткөрүп беришкен, аны
атасы жаман көргөн жана өзүнөн четтеткен болучу. Бирок Пуса "кайраттуу жана акылдуу
болгон" 12 , бири-бирине тукуруп, душмандарды жеңе билген, ошондуктан "Пусаны
урматтаган тукумдаштары аны падышалыкка коюшкан"13. Мунун өзү шатылык системага
топтолгон түркүттөрдүн мурастык принцибинен өтө алыс болгон. Анын үстүнө, "падыша"
деген термин булактын контекстинде бийликке ээ болгон адамдын шарттуу белгиси
катары угулуп, "хаган" деген терминге ылайык келбейт. Төмөн жакта Пусанын ордундагы
адам жөн эле "хойхус башчысы" деп аталган. Бул, кыязы, чыныгы абалды чагылдырган.
Ошентип, биз уйгурлардын бирикмесин түркүттөрдүн эл катары эмес, уруулук союзу
катары кароого жана түркүттөр менен уйгурлардын андан аркы күрөшүн өнүгүүнүн
таптакыр карама-каршы багыттары болгон эки системанын кагылышы катары кароого
тийишпиз.
Түркүттөр менен уйгурлар бир тилде сүйлөшкөн жана "чөп менен суунун
жетиштүүлүгүнө карап"14 өз малы менен бирдей эле көчүп жүрүшкөн, бирок алардын бул
өз ара окшоштугу ушуну менен чектелген эмес. Калган башка жагынан да алар бири-
биринен бир аз эле айырмаланган, бирок ушул "бир аз" аларга бир элге биригүүгө
тоскоолдук кылган. Теле урууларынын түрктөрдүкү сыяктуу эле карышкыр ата-бабасы
жөнүндө уламышы болгон, бирок түркүттөрдө алар баладан боюна бүткөн канчыктан
келип чыгат, ал эми телелерде карышкырдан боюна бүткөн кыздан келип чыгат деп
эсептелген15. Эки катарлаш уламыштарда эркек жана аял башталмалардын катнашы
таптакыр карама-каршы, ошондуктан бул кокусунан эмес, анткени VI—VIII кк. дуалисттик
дүйнөнү түшүнүүдө жыныс символикасы чечүүчү принцип болгон. Теңир-ата, Жер-эне деп
эсептелген, ошондуктан Теңирди түрктөр сыяктуу адам деп же уйгурлар сыяктуу айбанат
деп эсептөө баары бир эмес болгон 16 . Уламыштардын катарлаш тыгынын өзүндө
сыртынан окшоштукка карабастан атайын карама-каршылык бар. Балким, бул кокусунан
эместир, анткени палеоантропология алардын келип чыгышынын ар башкалыгын
ырастайт.
Түркүттөр VI—VIII кк. түрк урууларынын ичинен бир кыйла монголоид болгон.
Грузиндер Тбилисини курчоого алган түркүт полководецин шылдыңдашып, "чоң
ашкабакты алып келип, ага гунндардын (хуннулардын) падышасынын сүрөтүн туурасынан
бир аршин жана узунунан бир аршин кылып тартышкан; кирпиктеринин ордуна билинээр-
билинбес бутакчаларды коюп, сакалдын ордун жылаңач калтырып, таноолорун барбайта
чоң кылып, муруттарын сербейтип сейрек кылып тартышкан.. 17 . Бул, албетте,
индивидуалдуу эмес, шылдыңдалган расалык белгилер18, булар түркүттөрдүн балбал
таш19жана бедиздери20 тибинде ырасталат.
Уйгурлар болсо европеоиддик эл болуп, өздөрүнүн ата-бабаларына окшошуп жээрде
чачтуу ди21 болушкан. Кытай сүрөтүндө уйгур чоң мурундуу, алагай көз жана алдыңкы
эринен башталган сакалчан, чоң муруттуу жана калыңкаштуу22 тартылган. Уйгурлардын
көрүстөндөрүн казуу бул этностук топтун европеоид экендигин биротоло ырастады23
.
Эки элдин психикалык турпаты да окшошпогон. Экөө тең өтө жоокер эл болгон, бирок
түркүттөр өздөрүнүн хандарынын жана тархандарынын артынан тартиптүү ээрчий алган,
ал эми телелер, анын ичинде уйгурлар, өз эркиндигин эрдик менен коргой алышкан,
бирок башкарууну уюштурууда жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышкан эмес, ошондуктан
жеңиштен кийин өздөрү көчүп жүргөн жайларга тарап кетип, душманга оңолууга жана
кайра курулууга мүмкүнчүлүк берген. Дал ушул кырдаал Кат Иль-ханга узак убакыт бою
алардын бөлүнүп кетишин тоотпой коюуга жана Тан династиясына каршы согушту
улантууга мүмкүндүк берген.
Эки коалиция. Кагандыктын батыш чек арасындагы абал бир кыйла коркунучтуудай
көрүндү. Тун-жабгу-хан чыгыш түркүттөрүнүн келишпес душманы болгон. Анын чыгышта
ээлеген жерлери бүткүл Жуңгарияны кучагына алган, демек, чыгыш жана батыш
хандарынын ордолорун Монгол Алтайынын тоо кыркалары гана бөлүп турган. Бирок, Кат
Иль-хандын тилегине жараша, анын душманынын колу батышта жана түштүктө байлануу
болгон, анткени 620-жылга карата Сары деңизден Жер Ортолук деңизине чейинки
континентти кучагына алган согушта күчтөрдүн жайгашуусун биротоло аныктады жана
андагы түркүттөрдүн ролу кийинки изилдөөчү үчүн гана эмес, алардын өздөрү үчүн да
айкын болуп калды.
Батыш түркүттүк хандар үчүн эки тышкы саясий проблема чечилбеген бойдон кала
берди: аварларды баш ийдирүү жана Иран аркылуу жибек ташыган кербендер үчүн жол
ачуу керек эле. Бул үчүн алардын өздөрүнүн күчү жеткен эмес, бирок эки учурда тең
алардын табигый союздашы Византия болгон, аны бул мезгилде перстер талкалап жаткан
болучу.
610-жылы Константипонолдогу бийликтин алмашуусу бийликке таланттуу полководец
Ираклийди алып келгендигине карабастан, византиялык империянын абалы оор бойдон
кала берген. Анын европалык провинцияларына аварлар каптап кирип, алар Иран менен
союз түзгөн, ал эми 616-жылы Египеттен айрылуу өлкөнү дансыз калтырган.
Перстер менен аварлар Византия империясын эки жагынан кысып кирди. Бирок
император Ираклий чыгыштагы союздашы Ли Ши-мин сыяктуу мыкты24 саясатчы жана
полководец болуп чыкты. Анын эмиссарлары кутургурлардын арасында аварлардын
үстөмдүгүнө нааразылыкты туудура алышты, ал эми аварлар көп өтпөй бул жөнүндө
билген соң, алар акча үчүн Константинополду курчоону токтотууга макул болушту жана
620-жылы Дунайдын аркы өйүзүнө чегинип кетишти. Бул Ираклийге өзү сактап калган
борборун таштап кетүүгө жана кичи азиялык армияга жөнөп кетип, аларды перстерге
каршы жөнөтүүгө мүмкүндүк берген.
Ираклийдин планы перс аскерлерине алар басып алган жерлерди калтырып, аларды
арт жагынан талкалап, ошонун өзү менен перстерди согушту улантуу мүмкүнчүлүгүнөн
ажыратууда турган. Бул согуш замандаштары тарабынан христиан дини үчүн "крест
жортуулу" катары каралган, анткени перстер Иерурсалимдин ыйык жерлерин
мазакташкан. Бирок 623-жылы апрелде Армения аркылуу Атропатен Гандзакка карай
башталган биринчи жортуулун оңунан чыкты деп атоого болбос эле. Гректер Двинди,
Нахичеванды жана ыйык от храмы жайгашкан Гандзакты бүлүндүргөндүгүнө карабастан
чегинген убакта алар перстер тарабынан катуу кысымга алынып, болгон туткундарынан
ажырап, Каралага25 тоолорунда гана артынан кууп келаткан перстерден кутула алышкан.
Ираклий өзүнө союздаштарды издеп агуан, ивер жана армян княздарына "ыктыярдуу
түрдө ага келип, өз аскерлери менен кыш мезгилинде кызмат кылууну, баш тарткан
учурда ал аларды бутпарасчылар катары жазалап, аскерлери алардын чептерин алып,
өлкөсүн талкалай тургандыгын" 26 катжүзүндө билдирген. Бирок армяндар менен
грузиндер перстердин эзүүсүн гректик эзүүгө алмаштырууга дегеле умтулушкан эмес, ал
эми агвандык княздар бекемделген чептерине тарап кетип, Ираклийдин
жалданмаларына өздөрү коргой албаган эң сонун талаалар менен жемиш бактарын
талкалоого мүмкүнчүлүк беришкен.
624-жылы жазында перстердин үч армиясы Ираклийди курчоого алат, бирок ал бузуп
өтүп, "кыйын жана аң-дөң жолдор менен адам өтө алгыс өлкөгө"27, Нахичеван түздүгүнө
чегинген. Перстер чегинип бараткан гректердин артынан сая түшүп кууганда лаздар менен
абазгилер византиялык аскерди таштап кеткен. Буга карабастан Ираклий перстерге дагы
бир сокку уруп, Киликияга, ал жактан Севастияга чегинип кеткен.
Кампания ушуну менен аяктаган. Чындыгында бул чегинип бараткан армиянын бир
катар үзгүлтүксүз жеңиши болгон. Тылдык базасы жана жабдуусу болбогон мындай
манёвр Ираклийди улуу полководең жана саясатчы28 катары мүнөздөйт. Бул жортуулдун
натыйжаларына Моисей Каланкатуйсий өзүнүн эң сонун "Агван тарыхында" ("История
агван") адилеттүү жана терең баа берген. "Перстердин аскерлери катуу жеңилишке
учураса да, кууп келаткандардын мизин кайтарып, аны өз өлкөсүнө кууп кирип,
шаарларын басып алып, күч менен тартып алган"29. Чынында эле, Ираклийдин чабуулу
токтоп калды, бирок эң коркунучтуусу ал душмандын алдында жалгыз калгандыгы болду.
Закавказьелик христиандар, анын үстүнө жалгыз гана монофизиттер эмес, хажедониттер
да персиялык үстөмдүккө макул болушуп, православиелик императорго колдоо
көрсөтмөк турсун, Картлинин падышасы Стефан сыяктуу ага түздөн-түз каршы чыгышкан30
.
Ал эми бул убактын ичинде аварлар кайрадан оңолуп алып, перстер менен бирдикте
Константинополго чабуул коюуга даярданып жатты. Византиялык монарх андан ары
токтоп тура албады; ал союздаш табууга тийиш эле, ошентип акыры аны тапты.
625-жылы31 Ираклий "толгон-токой казына убада кылып, акылдуу жана айлакер"
Андрей деген немени хазарларга жиберет. Ошентип, "Жебу-хаган деген түндүк
падышасынын" 32 акими, падышалыктагы экинчи адам өзүнүн дапдаярдыгын билдирип
мындай деп айткан: "Мен анын (Ираклийдин) душмандарына каршы өч алууга чыгам; мен
өзүмдүн баатыр аскерлерим менен ага жардамга келип, аскердик иштерим, курч
кылычым жана жаам менен ал каалагандай ишти жасайм"33. Жооп катары элчилик
миңдеген атчандардын коштоосунда перстик күзөтчүлөр аркылуу бузуп өтүп, Ираклийдин ордосуна жетип, союздук келишимди бекитти. Кийинки жылы убада кылынган аскерлер
Агванияда жана Атрпатаканда диверсия жасашты.
Мына ушул учурдан тартып византиялык тарыхчылар түркүттөр менен хазарларды
окшоштура баштайт, мунун себеби хазарлар Каспий боюндагы талааларда кагандыктын
башкы таянычы болуп калган деп ойлоо керек34
.
Мына ошентип, Батыш Түркүт кагандыгы Византия менен Ирандын күрөшүнө
тартылды, ошол эле убакта Кытай менен достук мамилелерди, демек, Чыгыш Түркүт
кагандыгы менен кастык мамилелерди уланта берди35. Кастыктын тутуму бирикти; эки зор
коалиция: бир жагынан Кытай, Батыш Түркүт кагандыгы жана Византия империясы, ал
эми экинчи жактан — Чыгыш Түркүт кагандыгы, Иран жана аварлардын дөөлөтү түзүлдү.
Мындай деген суроо туулат: бул коалициялар чынында эле дипломатиялык
сүйлөшүүлөрдүн үзүрү болгонбу же жөн эле мезгили боюнча туш келген мамлекеттердин
согуштук чыгууларыбы? 589-жылдагы кырдаалдай эле, бул жерде эки коалициянын
бардык мүчөлөрүнүн ортосундагы белгилүү байланыш байкалат. Перстер менен аварлар
согуштук союз аркылуу байланышта эле. Византия Батыш түркүттүк хандын акими менен
союздук келишим түздү. Батыш түркүт хандары Шегуйдун жана Тун-жабгунун адегенде
Суй, андан кийин Тан Кытайы менен союзу кытай хроникаларында расмий белгиленген36
.
Византиянын Кытай менен, Ирандын чыгыш түркүттөр менен байланышы жөнүндө
маселе ачык бойдон кала берет. Мындай байланышты тастыктаган документтер жок,
бирок буга reductio ad silentium жагынан жол берүүгө болот. Иран буга чейин37 жана
андан кийин деле Ыраакы Чыгыш менен алакалашып келген. Ошондуктан VII к. 20-
жылдарында Чыгыш Түркүт кагандыгы менен Ирандын ортосунда дипломатиялык
байланыштар болгон эмес дегендин ордуна болгон деп божомолдоо көбүрөөк чындыкка
жакын болот. Тилекке каршы, арабдардын басып алуулары сасаниддик архивдерди жок
кылган, ал эми кытайлар өз душмандарынын жашыруун дипломатиясы жөнүндө билбеши
мүмкүн.
Византия менен Кытайдын ортосундагы байланышка келсек, анын бар экендигин
Ираклийдин Хосрой Парвиздин мурасчысы Кавад Широе менен сепараттык тынчтык
келишими — чыгыш түркүттөрүнүн акыркы активдешүү менен таң калыштуу дал келген
тынчтык менен түшүндүрүлөт. Ийгилик болгон учурда чыгыш түркүттөр батыш түркүттөргө
сокку уруп, Ираклийди Иранга каршы согуштагы бирден-бир союздашынан ажыратмак.
Ошону менен бирге батыш түркүттөрүнүн Азербайжандагы жеңиштүү аракеттери
кытайларга белгилүү болгон38. Кыязы, Чыгыш менен Батыштын ортосунда тынбай жол
жүргөн согду көпөстөрү согуштун бардык окуялары жөнүндө союздаштарына өз убагында
кабарлап турган болуш керек.
Бул согуштун себептери жана кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө маселеге өтүүдө
биринчи коалициянын бардык мүчөлөрү — Византия, Кытай жана Батыш Түркүт
кагандыгы кербен жолунун өнүгүшүнө таламдаш болушкандыгын белгилей кетүү зарыл.
Византия менен Кытайга токтолсок, бул кошумча далилдерсиз эле айкын-ачык. Батыш
Түркүт кагандыгына карата маселе татаал болгон. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, анда эки
партия же уруулардын эки союзу: түндүк түркүттөр жана аймагында бул убакта
кулатылган Суй династиясынын 39 тарапкерлери бекемделип алган Турпан менен
экономикалык жактан байланыштуу болгон түндүк-чыгыш көчмөндөрү — дулулар жана
согдулук соода шаарларына умтулган түштүк-батыш көчмөндөрү — нушибилер болгон.
Бул шаарлардын таламдары Кытай жана Византия менен тыгыз байланыштуу
болгондуктан нушибилер да Кытай тарапка жан тартуу багытын алышкан. Шегуй (611 —
618) жана Тун-жабгу (618—630) хандар нушибилер койгон адамдар болгон; алардын
чыгыш түркүттөргө каршы Кытай менен, Иранга каршы Византия менен тыгыз союзу
ушундан келип чыккан. Ошентип биринчи коалициянын мүчөлөрүндө жекече,
жергиликтүү максаттардан тышкары Европа менен Кытайдын ортосунда эркин жана
коопсуз сооданы орнотууга жалпы умтулуу болгон деп болжолдоо каталык болбойт.
Экинчи коалициянын мүчөлөрүнүн максаттары ар башка болгон. Аварларды
баарынан да каракчылык кызыктырган; Ирандын Византияда эчактан берки өчү болгон40
.
Кытайда күчтүү бийликтин орношу чыгыш түркүттөрдүн саясий, ошондой эле
экономикалык жактан өз алдынчалыгына коркунуч туудурган. Муну Суй династиясы күч
алган андан мурунку мезгилдин тарыхы айкын көрсөттү. Ошондуктан түркүт хандары
Кытайда келип чыккан бардык көтөрүлүштөрдү жана тартипсиздиктерди бүткүл күчү
менен колдошкон жана миңдеген саясий эмигранттарга баш калкалоо берген41. Кытай
көтөрүлүшчүлөрүнөн тышкары Кат Иль-хандын дагы эки союздашы болгон.
Чыгышта кидан жана татаб (хи) уруулары уйгурлардын жолуна түшпөстөн, кагандыкка
пейилинин түздүгүн сактап калышты. Алар VII к. 20-жылдарында төлөс бөлүмүн түзүп,
Шибир хандын уулу — такты мурасчысы Шибобинин42жеке башкаруусу астында турган.
Кидандардын Тан династиясына мамилеси айдан-ачык кастык болгон, ал эми татабдар
мындан тышкары талапкерлердин бири Гао Кай-дао менен союзга кирип, аны менен
бирге Кытайдын чегине каптап кирген43
.
Чыгыш түркүттөрүнүн экинчи союздашы 615-жылы Суй династиясы кулаган убакта
боштондукка чыккан Тогон болуп калды. Адегенде Тогон падышасы Фуюнь тандык
талапкерге жардам көрсөткөн. Бирок ал барымтадагылардын бошотуп берер замат анын
душмандарынын тарабына өтүп кеткен44 . Бул жерде кылдат саясий эсептер эмес,
кытайлардан да, алардын союздаштары болгон батыш түркүттөрдөн да жапа тарткан,
ошондуктан өч алууга умтулган тогон элинин маанайы роль ойногон деп ойлоо керек.
Тогондордун күчү анчалык көп эмес болгон, бирок майдан талаасынын батышты карай
созулуп жатышы табгачтардын күчүн бытырандылатып, түркүттөр тараптын ачык болушу
түндүк чек араны бошоңдоткон. Ошондуктан Тогон түркүт ханы үчүн баалуу союздаш
болгон.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   eldar96   18 Сентябрь 2018 - 17:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Кол салуу. Кат Иль-хан өзүнүн бир туугандары баштаган күрөш адаттагы эле чек
аралык талаш-тартышка айлангандыгын жана кытай көтөрүлүшчүлөрүн колдоо менен
гана чектелүү анын өзүнө өлүм алып келе тургандыгын түшүндү. Ага жеңиш алып келе
турган бирден-бир жол, бул бардык күч менен чечкиндүү сокку уруу болучу. Ал эми анын
жетиштүү күчү бар эле: "Ал атасы жана агасы жетишкен ийгиликке таянып, көп сандаган
жана эң, мыкты атчандарга ээ болгон"45
.
Согуш баштаганга учурдагы жагдай түркүттөр үчүн ыңгайлуу эле. 621-жылы Ли Шин-
мин эң мыкты аскерлери менен Лояндын жанында Ван Шичун жана Доу Гянь-дэ менен
салгылашып жаткан.
Император Гаоңзу (Ли Юань) ушундай учурда түркүттөр менен жаңжалдашуудан
баарынан көп чочулаган, бирок таптакыр туура эмес жол тандап алды. Ал достук мамиле
түзүү үчүн Кат Иль-ханга 100 миң таңгак жибек жиберген. Хан болсо мындан ал алсыз
жана коркок деген тыянак чыгарып, тан элчилери менен мамиле түзгөн. Буга жооп
иретинде Чанъянда эки атактуу түркүттү — Жехай менен Ашидэ-тегинди46 камакка
алышып, согуштун башталышына шылтоо кылышкан.
Түркүттөр Шаньсиге басып кирип, Ма-и чебин алышат. Табгач аскерлери талкаланып,
полководецтер туткунга түшүрүлөт. Тан аскерлеринин Лояндын жанындагы жеңиши
абалды оңогондой көрүнгөн эле, бирок талкаланган аскерлердин офицерлери жаңы
жолбашчыны — жогоруда сөз болгон Лю Хэй-даны шайлап алышып, күрөштү уланта
беришти. Түркүттөрдүн колдоосу көтөрүлүшчүлөргө 622-жылы Шаньдунду каптап кирүүгө
мүмкүнчүлүк берди, ал эми бул убакта түркүттөрдүн башкы күчтөрү Биньчжоуга кирип,
көп сандаган аскерлерди кармап турду, мунун аркасында Лю Хэй-да чыгыш жакта
ийгиликтүү согуша берди. Өкмөттүк аскерлердин каршы чабуулга өтүү жана түркүттөрдү
Маиден кууп чыгуу аракети ордунан чыккан жок. Ошондон кийин түркүттөр Яймынды
алып, Фынчжоу жана Лучжоу областтарын тыптыйпыл бүлүндүрүп, 50 миң аял-эркекти
туткундап талаага алып кетишти.
Күчтөрдү толук мобилизациялоо гана тан аскерлерине түркүттөрдүн чабуулун
токтотууга мүмкүндүк берди. Ли Ши-минь жана анын агасы Ли Гянь-чэн жулунуп кирип
келген бир канча түркүт отряддарын талкалады жана башкы күчтөрдү чегинүүгө
мажбурлады. Ошол эле убакта түркүт ханы алган баалуу белектер аны жарашуу
келишимин түзүүгө түрттү47. Бул натыйжасыз каталыктын кесепетинен түркүттөр чабуул
коюу темпин жоготушту.
Тыныгуудан пайдаланып мураскер ханзаада Гянь-чэн Лю Хэй-дага каршы бет алып,
акча, убада, бузукулук менен анын армиясын ыдырата алды. Лю Хэй- да эс-учун жыйып
алгыча аны эң ишенимдүүдөй көрүнгөн жан-жөкөрлөрү таштап кетишти, ал эми
калгандарын кармап алып тан ханзаадасына өткөрүп беришти. Лю Хэй-да 623-жылы 7-
февралда өлүм жазасына тартылып, чыгыштагы көтөрүлүш басылды48
.
Батышта ошол эле убакта Шэньсиге кирип келген тогондор кыйроого учурады. Тан
полководец согуштун убагында мурда болуп көрбөгөндөй тактикалык ыкманы колдонду:
салгылашуу талаасынан алыс эмес жердеги дөбөгө музыканттар, бийчилер чыгып, оюн
көрсөтө баштады. Тогондор кызыгып, татынакай кытай кыздарын карап отурушканда
кытай аскерлери алардын тылына кирип, чабуулга киришти. Туткунга алышкан жок. Талаа
аргымактары алып чыгып кеткен тогондор гана аман калды49
.
623-жылы күзүндө түркүттөр кол салууларын кайра баштады, бирок жеңип алар
убакыт өтүп кеткен эле, ошентип согуш аракеттери илең-салаң ийгилик менен өтүп
жатты50. 624-жылы гана эки түркүт ханы — Кат Иль-хан жана анын атасынын иниси,
төлөстөрдүн ханы бүткүл фронт боюнча алдыга жылып, "бардыгын катуу чочулатты" 51
.
Аларга каршы Ли Ши-мин жана анын иниси Ли Лунки командалык кылган эки корпус
турган. Душманды адаттагы ыкмалар менен токтотуудан үмүттөнбөй Ли Ши-минь
алдыңкы катарга чыгып, Кат Иль-ханды жекеме-жеке салгылашууга чакырды. Беркиси
жылмайып эч жооп бербеди. Ошондо Ли Ши-минь Шибобиге омуроолой чаап келип,
анын атын тизгинден ала кыйкырып мындай деди: "Бир убакта биз союз түзгөн элек,
эгерде сенин башыңа иш түшсө мен сага жардам бере алам. Сен эмне антты унуттуңбу?
Сен кандуу салгылашууда жеңишке жете аласыңбы?" 52. Төлөстөрдүн ханы жооп берген
жок, ошондуктан анын Ли Ши-минь менен чынында эле жашыруун мамилелери
болгондугу же бул түркүттөрдүн хандарын чатакташтыруу керек болгон тан
ханзаадасынын эң мыкты амалы экендиги белгисиз бойдон кала берүүдө. Кандай болсо
да бул анын колунан келди.
Кат Иль-хан өзүнүн атасынын инисинин чыккынчылыгынан шектенип, салгылашууга
келбестен аскерин алып кетип калды. Убактылуу жарашуу түзүлүп, сүйлөшүүлөр
башталды, арийне, алар эч натыйжа бербеди. Ушул убакта жаан башталып, андан
түркүттөрдүн жаалары суу болуп бошоңдоп, хандарга чегинүүгө туура келди. Император
жана анын жан-жөкөрлөрү ушунчалык коркуп калгандыктан борборун түштүк жакка
котормок болушту, бирок Ли Ши-минь мындай маскара ниетке тоскоолдук кыла алды. Чек
араны чындоо чаралары көрүлүп, түркүттөр дарыя аркылуу өтүшүнө тоскоолдук кылуу
үчүн калактуу флот түзүлдү53. Андан кийин императордук элчилик батыш талааларга өтүп,
Тун-жабгу ханды чыгыш түркүттөргө каршы согуштук союз түзүүгө азгырды54
.
Кат Иль-хан, кыязы, өзүнүн чегинишин бекем тынчтыкты түзүүгө жүйө катары кароого
ниеттенген окшойт. Согуштун андан ары уланышын ал каалаган эмес, анткени 624-
жылдын акырында табгачтар бүткүл Кытайга ээ болуп, өлкөнүн ичинде Тан сарайына
каршылык көрсөткүдөй күч калган эмес эле. Хан соода союзун түзүүнү сунуш кылды, буга
императордун макулдугу керек эле55, бирок император согушка ишкердүү даярданып
жаткан соң, хандын куру кыялы суу сепкендей тез өчтү.
625-жылы түркүттөр кайрадан Шаньсиге каптап кирди. Отряддардын бири
талкаланганы менен, экинчиси эң сонун жеңишке ээ болду. Түркүттөрдүн жортуулдары
адаттагыдай ийгиликтүү болуп, ал эми чептерди курчоо натыйжасыз болгон. Согуштун
тагдыры ачык согушта гана чечилүүгө тийиш эле, бирок Кытайдын ичиндеги окуялар бул
маселенин чечилишин создуктурду.
Кытайдагы төңкөрүш. Атчандар генералы болуп жүргөндө Ли Юань укмуштай
шамдагайлыкты, тапкычтыкты жана чечкиндүүлүктү көрсөткөн. Бирок, Гаоцзунун
императоруна айлангандан кийин ал туш-туштан баскан камкордуктардан алдастап
калды. Кытай VII к. толкундап жаткан эле. Аны басып алуу аздык кылмак, аны былк
эттирбей кармап туруу керек эле, ал эми бул Ли Юандын колунан келген жок. Жакшы
полководец болгону менен көрөгөч саясатчы эмес болучу, ошондуктан жеңиштен кийин
анчалык деле катуу башкара алган жок, анын үстүнө өлкөдөгү кырдаал да оор болуп, өзү
да чарчап-чаалыгып калган эле.
Суй династиясын коргоодо Гуаньлун тобунун бардык эле помещиктери курман болгон
эмес. Алардын көпчүлүк бөлүгү мунапыс алып, өзүнүн ниеттеринин түздүгүн айтып,
ыраазычылык билдирүү үчүн сарайга келип жатышты56. Алар Чанъанда Гаоцзу алар менен
жакындашып, алардын колдоосун кабыл ала тургандай кырдаал түзө алышкан. Алардын
көксөгөн тилеги Суй доорунун тартибин калыбына келтирүү, т.а., императордук
фамилиядагылар үчүн сарайда бейкут жашоону түзүү, ниеттеринин түздүгүнө эч кандай
шек туудурбаган чиновник-конфуцийлерге башкарууну берүү, ал эми кызматчы жана
букара калктын кеңири массасын мурунку абалына кайтаруу жана кыңк этпестен кызмат
кылууга жана салыктарды төлөөгө мажбурлоо болгон. Бул багыттын жолбашчылары
тактын мурасчысы Ли Гянь-чэн жана императордун үчүнчү уулу ханзаада Ли Лун-ки57
болуп чыкты.
Бул программага ылайык Чанъянда академия58 уюштурулуп, бул жерде конфуцийчил
профессорлор ак сөөктөрдүн балдарын мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө даярдаган, ал
эми 626-жылы 24-майда буддизм менен даосизмди чектөө жөнүндө буйрук чыгарылды,
ага ылайык көп кечилдер салык чогултуучу катмарга киргизилип, монастрдык мүлк
казынага өткөрүлүп берилген59. Бул тарыхтын жүрүшүн артка бурууга жасаган аракет
болучу.
Жаңы тартиптин курмандыктары эл массасы болууга тийиш эле, титулу бар байлар,
өздөрүнүн күчүн чек араны коргоого короткон жана чин алууга экзаменге даярдануу үчүн
убактысы да, каражаты да болбогон титулу жок кызматкер дворяндар жана алардын
сиңирген согуштук эмгектерине көрө албастык кылышкан бир туугандары жек көргөн
жолбашчысы Ли Ши-минь, буддизм менен даосизмди жактырган кеңири катмарлар,
ошондой эле мүнөзү боюнча же байланышынын жоктугунан адис окумуштуулардын
катарына кирбей калган сабаттуу адамдар кайрадан алардын мойнуна минүүгө аракет
кылышты. Бүткүл Кытай үчүн жаңы программа түркүттөрдүн алдында баш ийип берүү
дегендик эле, ошондуктан Чанъянда борборду түштүккө которуу жана ыкка көнүп берүү
менен тынчтыкка жетишүү жөнүндө сөз кылып жатышты60. Бирок өлкөдөгү чечүүчү күч
ордо эмес, ханзаада Ли Ши-минь командалык кылган армия болгон.
Ордо төбөлдөрү баарыдан мурда өз душмандарын жолбашчысынан ажыратууга
аракет кылды. Ли Ши-минге тойдо отурганда тамагына уу кошуп берип, бирок ал
өлбөстөн, катуу оорудан кийин туруп кеткен. Мына ошондон кийин ал сактанып, өзүнүн
ордосунда өзүн жакшы көргөн жоокерлеринин арасында жашап жатты. Ошондо бир
туугандары Ли Ши-минди сарайга чакырып келүүгө атасын макулдатышып, аны өлтүрмөк
болушкан. Ли Ши-минь, алардын ниеттери жөнүндө алдын ала эскертилсе да, чыныгы
кытай катары атасынын жана императордун айткандарын укпай коё албады. 626-жылы 2-
июнда ал бул чакырууга эр жүрөк жоокерлерден түзүлгөн жана жакшы куралданган көп
сандагы жан-жөкөрлөрү менен келген. Ал ордого досу воевода Чин-дэ менен бирге
колдоруна курал алып кирип келишип, кабыл алуу залында өзүнүн бир туугандарын
көргөн. Ли Гянь-чэн бир сөз айтпастан туруп Ли Ши-минге жаа тартып, бирок жаздым атып
алган. Ал эми Ли Ши-минь жаа менен аны өлтүрө атат, Чин-дэ болсо Ли Лун-кини атып
салат. Ошондон кийин ордо Ли Ши-миндин бийлигине өтүп, карыган император бир
туугандарынын кылмыштуу кутуму тууралуу уулунун докладын уккандан кийин аны кан
төккөндүгү үчүн кечирип, тактын мурасчылыгына дайындаган. Мында буддизм менен
даосизмге61 тыюу салуу жөнүндө буйрукту алып салгандыгы өзгөчө кызыктуу. Бул окуяны
тыгыз байланыштырбай кароо мүмкүн эмес.
626-жылы 4-сентябрда Ли Юань уулунун пайдасына тактан кечкен, уулу Тайцзун деген
титулду кабыл алган. Иштин мындай өзгөрүшү чыгыш түркүттүк Кат Иль-хандын башына
түшкөн эң чоң кырсык болгон.
Жаңы император тышкы согуштардын аркасында ички бейкуттукка жетишкен.
Баарыдан мурда ал өзүнүн бир туугандарынын көмөкчүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгүнө
кечирим берүү менен букараларын таң калтырган. Андан кийин ал ордодо кызмат
кылууга62 алып келинген 3 миң кызды үйлөрүнө жиберген жана шаан-шөкөттү кескин
азайтып, салыкты төмөндөткөн. Өзүнүн таянычы болгон кызматкер дворяндардын
пайдасына ал уруулук санжыра тизмесин кайра карап чыгуу менен 'Теңир астындагы
баатырларды туңгуюкка камаган"63 жана ушуну менен Суй династиясынын убагында
мансабы көтөрүлгөн "күчтүү үйлөргө", бай помещиктерге сокку урган. Мындан аскердик
жана граждандык мансапка жетишүүгө жолу ачылган кедейленген дворяндардын
байыркы тукумдары утуш алган. Армия бүткүл авантюристтик элементтерди тез эле өзүнө
тартып, империянын чарбасы бөгөтсүз өнүгө берди, ал эми майдандардагы абал жакшы
жагына өзгөрдү. Кытай өзүнүн гүлдөшүнүн жаңы тилкесине кирген. Муну биринчилерден
болуп чыгыш түркүттөрү сезишти.
Тынчтык келишиминин түзүлүшү. Тайцзунга оор мурас буюрду. Суй династиясын
кулатуу Кытай үчүн калктын 2/3 чамасына турду64. Көп дыйкандар өлтүрүлдү же ачкадан
өлдү, алардын бир кыйласы талаасын таштап туш тарапка качты. Чиновниктердин бири
императорго мындай деп билдирген: "Ло областынан жана И областынан тартып
чыгышка карай Шаньдундагы Хай жана Дайга чейин адамдын изи сейрек гана жолугат;
кайда карабагын айлана бүт калың бадалдар жана чөптөр"65. Ап эми түркүттөр кол
салуусун уланта берди. Алар "жортуулдар менен кытай жерин каптап кетти" 66
.
Ханзаадалар бийлик үчүн күрөшүп жаткан айларда түркүттөр согуш аракеттерин бүлгүнгө
түшкөн Шаньсиден Ганьсуга которушуп, бул областты бүт кыйратты67. Кыязы, алардын
максаты, биринчиден, согушту жергиликтүү калктын эсебинен жүргүзүү, экинчиден,
өзүнүн союздаштары тогондорду кайрадан согушка көтөрүү болгон, бул алардын колунан
келди 68 ; үчүнчүдөн, борборго жулунуп кирип, өкмөттү чепке барып жашынууга
мажбурлоо, кыйноодо жаткан букараларды бийликке каршы баш көтөртүү69 болгон. Бул кысым акыркысы болушу мүмкүн эле, бирок император жана полководец Тайцзун Ли Ши-
минь өзүнө мүнөздүү болгон бекем эрки жана таланты менен үмүтсүздөй көрүнгөн
абалдан чыгуунун аргасын тапты.
23-сентябрда Кат Иль-хан жүз миндик армиянын башында туруп Чаньянга жакын
келди. Император согушка кирмек болду, анын аскерлери шаардан чыгып күжүрмөн
катарга тизилгенде ал бар болгону бир канча адамдын коштоосунда Вэй дарыясына
жакын келип, ханды чыккынчылык жагынан катуу жемелей баштады; андан кийин ханга
жакын бастырып келип, анын атын тизгинден алып салгылашууга даярданууга буйрук
берди70 . Императордун эрдиги жана жакын бастырып келген кытай аскерлеринин
көрүнүшү ханга жана түркүттөрдүн уруу башчыларына катуу таасир тийгизди. Ошол эле
күнү тынчтык келишими түзүлүп, муну белгилөө иретинде көпүрөдө боз жылкы союлду,
ошентип түркүттөр талаага кайра кайтып, императордун өтүнүчү боюнча колго түшүрүлгөн
туткундардын баары кайтарылып берилди.
Иштин мындай өзгөрүшүнө батыш түркүттөрдүн — Кытайдын союздаштарын
даярдалып жаткан чыгуусу өтө көмөк көрсөткөн деп ойлоого болот. Кат Иль-хан өзүнүн
көчүп-конгон жерлерин коргоосуз калтырууга батынбады.
Вэй дарыясында түзүлгөн тынчтык келишими Тун-жабгу хандын чыгышка жортуулун
үзгүлтүккө учуратты, бирок бул хан анын эсесин батышта толук алды, ал жерде ирандык-
византиялык согуш өзүнүн туу чокусуна жеткен эле.
Түзүлгөн тынчтык келишимге бааны императорТайцзундун өзү берген. Эмне үчүн ал
согушка кирип, душманды талкалаган жоксуң деген өзүнүн жан- жөкөрүнүн суроосуна ал
бул мүмкүн эле жана ал түгүл оңой эле, бирок ал максатка алып келмек эмес деп жооп
берген. Душман талкаланганы менен жеңилмек эмес, ошондон улам кыжырдануу ага күч
бермек. Эми кымбат буюмдарды жана жибекти алгандан кийин, ал көөп кетти, "мына
ошол көпкөндүк алардын өлүп жок болушуна алып келген"71. Тайцзундун айтканы туура
эле. Тынчтык келишими түзүлгөндөн кийинки үч жылдын ичинде анын империясы күч
топтоп эс алып жатты, ал эми түркүт ханы колунан чыгарган демилгесин кайтара албай
калды. Токтоп калган чабуул көп убакта жеңилүүдөн оор болот. Ошентип түркүттөр аны
тез эле башынан өткөрүштү.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   egiz-jigit   18 Сентябрь 2018 - 20:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

.

Билдирүүнү түзөткөн: egiz-jigit: 18 Сентябрь 2018 - 20:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   egiz-jigit   18 Сентябрь 2018 - 20:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Сонун уланта бер Кыргыздар жонундо да бир деме барбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 09:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

VII КЫЛЫМДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ
Кавказга каптап кирүү. 626-жылы жайында аварлар менен перстер Константинополго
чабуулун кайра баштады. Бул чыгыш түркүттүк атчандардын башында Кат Иль-хан Кытайга
каптап кирген убакыт болучу, ошондуктан мындай туш келүү кокусунан болгон эместир.
Июнда аварлардын атчандары империянын борборун кургактыктан коргоп турган Узун
дубалга жетишти, ал эми перстер Босфордун көгүлтүр сууларына жакын келип калды.
Бирок гректер перстердин европалык тарапка өтүгүнө жол беришпеди, ошондуктан
аварлар жалгыз камалоого кирди. 7-августта алар толук кыйроого туш болуп, түндүк
жакка качышты, ал эми перстердин корпусу Сирияга чегинди. Ираклий кайрадан чабуулга
өтүү мүмкүнчүлүгүн алды жана бул жолу көптөн күткөн жардамга ээ болду.
Вэй дарыясындагы тынчтык келишими Тун-жабгу хандын колун бошотту. Өзүнүн
чыгыш чек арасы үчүн санаасы тынчып, ал византиялыктарды колдоо үчүн аскерлеринин
бир бөлүгүн батышка которду. Перстер түркүттөргө зор маани беришкен эмес, анткени
Закавказьеге барчу жолду бөгөп турган Дербенттин чептеринин бекемдигине ишенген
болучу. Али Хосрой Ануширван курган кубаттуу дубал тоолордон тартып Каспий
деңизине1
чейин 40 км созулуп жаткан жана атчан душмандарга каршы ишенимдүү
бөгөттөй көрүнгөн.
Перстердин туруктуу аскер бөлүктөрү батышта алагды эле, ошондуктан агвандарга
жаңы душмандан өз алдынча коргонууга туура келди. Агван калкынан чогултулган
жоокерлер эң жөнөкөй: жаалар жана айбалталар менен куралдашкан, ал эми чарайналар
жана калканчтар менен жетиштүү санда камсыз кылынган эмес2
. Жөө калканчылар
аскерлердин өзгөчө түрүн — найза менен куралданган фаланганы түзгөн3
, ошол убактагы
акыркы согуш техникасы менен аскер башчылары гана жабдылган эле: сооттун сыртынан
кийиз чепкен кийип алышкан, ошондо андан жебелер жана найзалар "кайра ыргып
турган"4
.
Армяндар жана грузиндер да ушундай куралданган болучу, ошондуктан бул калк
жоокерлери түрктөрдүн чарайналуу атчандарынын кысымын токтото алмак эмес.
Дербенттнн дубалы жылмаланган чоң плиталардан курулуп, бийиктиги 18—20 м.
жеткен. Аны түндүккө караган дагы 30 мунара менен бекемдешкен. Үч дарбазасы
темирден жасалып, дубалдын чыгыш учу Каспий деңизине терең кирип, аны айланып
өтүү мүмкүн эмес эле. Бирок ар кандай чеп аны коргоону каалаган жана коргой алган
учурда гана күчтүү болот5
.
Дербентти штурмалоону Моисей Каганктваци өто кооз сүрөттөгөн: "...Гай-шах (агван
хандарынын ичинен перс акими) улуу шаар Чоранын6
коргоочулары жана укмуштай
дубалдарда турган аскерлер эмне болгондугун көрүп турду, бул дубалдарды куруу үчүн
перс падышалары өлкөбүздү бүлүндүрүп, архитекторлорду чогултуп, Кавказ тоосу менен
улуу чыгыш деңизинин ортосунда тургузулган улуу имаратты куруу үчүн ар кандай
материалдарды издеп табышкан... Өңдөрү суук, үңүрөйгөн, жайык беттүү, кирпиксиз,
аялдарга окшоп чачтарын бир өрүп, артына коё берип алышып, өздөрүн карай жебелерди
жаандай жаадырган көзгө атар жана күчтүү аткычтардын, жырткыч карышкырдай жутунуп, шаардын көчөлөрүндө жана аянттарында элди аёосуз кескилеп жаткан
адамдардын коркунучтуу сүрүн көргөн калктын үрөйү учту. Алар татынакай, жылдыздуу
жаш жигиттер менен кыз-келиндерди да аяшкан жок; алар эч нерсеге жарабаган, зыяны
жок мунжулар менен кары-картаңдарды да калтырышпады; алар мууздалган энелерин
кучактап ыйлап отурган наристе балдарга да ырайым кылышпады, тескерисинче, алардын
эмчектеринен сүт сыяктуу кан саашты. Күйгөн камыштын отундай алар бир эшиктен
кирип, экинчи эшиктен чыгып, жырткыч айбанаттар менен куштардай чаң-будуң салып
жатышты"7
.
Күч жеткис бекем деп эсептелген чептин кулашы бүткүл Агванияда дүрбөлөңдү
туудурду. Агвандар адегенде борбору Партавга кире качышты, бирок шаарды коргоп
калуудан үмүттөрүн үзүшүп, аны таштап тоого качып кетүүгө аракет кылышты. Түркүттөр
менен хазарлар качкындарды Каганкатуйк айылынын жанында кууп жетип, бир бөлүгүн
кырып, бир бөлүгүн туткундап алышты.
Андан соң кезек Грузияга келди. Түркүттөр менен хазарлар таптаза, соодага бай,
даңктуу жана улуу шаар Тифлисти курчап камоого алышты"8
. Көп убакыт өтпөй император
Ираклий өз аскерлери менен аларга кошулду. Жолбашчылардын жолугушуусу өтө
салтанаттуу өттү: жабгу императордун жанына бастырып келип, анын ийинин өөп
жүгүндү, ал эми беркиниси аны кучактап, уулум деп атап, ага өз таажысын кийгизди.
Андан кийин хазардык жолбашчылар үчүн той берилип, алардын баары укмуштай
белектерди — кийим-кечелерди жана сөйкөлөрдү алышты, ал эми жабгунун өзүнө
император өзүнүн кызы Евдокияны аялдыкка бере тургандыгын убада кылды9
.
Бирок, жолбашчылардын өз ара сылыктыгына карабастан шаарды кармалоо начар
жүрүп жатты. Перстердин гарнизону Тбилисиде кайраттуу турду. Эр жүрөк падыша Стефан
күн сайын чабуулга өтүп жатып, акыры башынан айрылды10, бирок анын жан-жөкөрлөрү
багынып беришпеди. Эки тарап тең камалоого барбады. Ираклий да өз адамдарын, жабгу
да өз адамдарын аяды, ошентип эки айлык каалоодон кийин хазар аскерлери келерки
жылы күзүндө кайтып келүүгө убада берип кетип калды11
.
Ираклий менен 40 миң адамдан турган отряд калды, анын башына жабгу өзүнүн жаш
уулу Бөрү-шадды койду. Бирок булар да "аз-аздан качып отуруп, акырында аны жалгыз
калтырып, баары тең кетип калышты"12
.
Тбилисиде сайрандашып, императорду теке 13 деп атап, шылдыңдап жатышты.
Ираклий мындан жакшылыкты сезди, анткени Даниилдин китебинде Батыштан келген
теке Чыгыштын коюнун мүйүзүн талкалайт деп айтылган. 627-жылы14 күзүндө камалоону
токтотуп, өзүнүн эс алган аскерлерин душмандын тылдары боюнча баш айланткан рейдге
жөнөттү. Ахалцыхага чейин батышка чегинип, ал түштүккө бурулуп, Двинадан жогору
Араксты кечип өттү. Андан Урмия көлүн айланып өтүп, Ниневиянын урандыларынын
жанында Тигрге чыга келди, ал жерде 12-декабрда полководең Рахзаданын15 перс
аскерлерин талкалады. 628-жылдын январынын башында гректер Ктезифондун жанында шахтын ордо сарайларын талкалап жана өрттөп жатты, ал эми перстерде аларды
токтотууга күч жок эле.
Ирандын ички ресурстары түгөнүп, Ираклийдин жеңиштүү кыймылына эми эч нерсе
тоскоол болбой калды. Перс төбөлдөрү андан ары күрөштүн үмүтсүздүгүн көрүп, 628-
жылы 29-февралда төңкөрүш жасашты. Алар Хосройду тактан кулатып, өлтүрүшүп, такка
анын уулу Кавад Широени отургузушту да, тынчтык келишимин түзүүнү сурашты. Буга
Ираклий күтпөгөн жерден тез жана оңой эле макул болду. Иштин чынында бул
сепараттык тынчтык эле, анткени түрк-хазарлар согушту улантып жатышкан.
Ираклийдин бул таң калыштуу жоругун талдоодо ал беш жыл бою негизинен
ишенимдүү тылынын жоктугунан душманга катуу сокку ура албай келгендигине көңүл
буруу керек. Сирия жана Кичи Азиянын бир бөлүгү перстер тарабынан оккупацияланып,
закавказьелик христиандар же монофизиттер болушкан жана ушунун өзү менен эле
Хосрой Парвиздин динге чыдамдуу өкмөтү менен оңой ыкташып келген, же болбосо
саясий максаттар үчүн Иран менен, маселен, Стефан Иверский менен союз түзгөн.
Хазарлардын жардамы гана Ираклийдин колун бошотту; Закавказьеде Персияга жан
тарткан багытты басып турган түрк-хазарлар болбогондо Ктезифонго жортуул оңунан
чыкпас эле.
Ираклийди ушундай баалуу союздаштарын таштап кетүүгө жана душманы дээрлик
талкаланган убакта илгертеден берки душманын биротоло талкалоодон баш тартууга
эмне мажбур кылган?
Иштин чынында перстердин бирден-бир чыныгы күчү—Халкидонду камалап жаткан
Шахрвараздын армиясы — 628-жылдын башында Хосройго каршы көтөрүлүп,
Ираклийдин уулу Константин менен тынчтык келишимин түзүп, шаханшахка каршы
күрөшүү үчүн мекенине кайра тарткан. Буга баш ийбегендиги үчүн Шахрваразды өлүм
жазасына тартууга Хосройдун буйругу себеп болгон. Бул кат гректердин колуна түшүп,
алар аны Шахрваразга өткөрүп беришкен, ал эми акыркысы бул буйрукка дагы өз
офицерлеринин 400 ысмын кошуп, катты окуп берип, көтөрүлүшкө тукурган, бул
көтөрүлүш кийин аны мамлекеттин башына койгон16. Экинчи таланттуу перс полководеци
батыштын амири Шахин да анын каарына калган. Хосрой аны армиядан чакыртып алып
сотко бермек болгон; шахтын өлүмү гана Шахинди сактап калган17
.
Ошентип, Ираклийдин тынчтык келишимин түзүүгө шашышына батыштагы окуялар
себеп болгон деп толук айкындык менен айтууга болот, демек, жооп бирөө гана болушу
мүмкүн. Ираклий союздаштарды таштап кетишинен жана өз жеңишинин үзүрүн
жоготуудан корккон. Бул чочулоо, кыязы, кесепеттерин алдын ала билүү мүмкүн болбогон
627-жылдагы чыгыштагы окуяларга негизделген окшойт.
Бейкутсуз жарашуу. Вэй дарыясында тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин алгачкы
убакта баары жайында болуп турду. "Узун кулак" бүткүл талаага түркүт ханынын эрдиги
жөнүндө кабарды таркатты, ошондуктан сеянто уруусу 627-жылдын акырында Батыш
кагандыгынан бөлүнүүнү жана Чыгыш кагандыгына баш ийип берүүнү туура деп
эсептеди18. Бир жагынан, Чыгыш кагандыгы үчүн бул зор ийгилик эле, анткени Кат Иль-
ханга бүткүл түндүк Жуңгария баш ийген жана батыштан болгон коркунуч четтетилген
болучу. Экинчи жактан, бул кошулуу Чыгыш Түркүт дөөлөтүндө телелик элементти
күчөткөн. Сеянтолор уйгурлар менен алакалашып, 628-жылдын башында эле алар
союздаштар болуп калды, ал эми алардын хандары — сеянто Инан жана уйгурлардын
Пусасы бири-бирин өз ара колдоп калышты.
Мына ушундайча түзүлгөн абалда түркүттөр үчүн өтө коркунучтуу нерсе нааразы
букаралардын көптүгү болгон. Кытай маалыматтары боюнча, уйгурлардын саны 100 миң
адамга жеткен, алардын ичинен жоокерлери 50 миң (?!) болгон, ал эми сеянтолор 70 миң
чатырга19 жеткен, т.а., уйгурлардан көп болгон. Ушунчалык көп сандагы жана өтө жоокер
букараларды алардын макулдугу менен гана башкаруу мүмкүн эле, бирок саясий кырдаал
түрк өкүмдарына мындай мүмкүнчүлүктү бербеди.
Вэй дарыясында түзүлгөн тынчтык келишимине Кат Иль-хан канааттанбай калды: Тан
империясынын күчү жеңилгистей деңгээлге жете элек эле, ал эми батыш түркүттөрүнүн
каптап киришинин коркунучу өтүп кеткен, анткени алар Иран менен катуу согушка кирип,
алардын күчтөрү Закавказьеде алагды болуп жаткан. 627-жылы эле Кат Иль-хан жаңы
согуш жөнүндө ойлоштура баштады жана адегенде Тун-жабгунун Тан сарайынын
ханышасы менен никелешүүсүнө тоскоолдук кылып, анын жери аркылуу өткөндө
ханышаны кармап ала тургандыгын эскерткен. Тун-жабгу капаланып, бирок эч нерсе
жасай алган эмес20. Бирок түркүт ханынын жолу болбоду. 627-жылдын кышында кар
калың жаап, мал жана жылкы аябай көп кырылды; мунун өзү ачарчылыктын
башталышына алып келди. Хандын салыктары да оор болуп, ошондуктан сеянто, уйгур
жана байырку уруулары көтөрүлүш чыгарган.
Кат Иль-хан адегенде уйгурлардын жазасын бермей болду. Ал Төлөс-ханга чыгыштан
кол салууга буйрук берди, ал эми батыштан зор армияны анын уулу Юкук-шад21 баштап
жөнөдү. Кайраттуу жана таланттуу уйгур жолбашчысы Пуса бар болгону 5 миң атчаны
менен Юкук-шадды тосуп чыгып, Малитшань22 тоолорунун этегинде анын таш-талканын
чыгарды. Теңир-Тоонун этегинде кууп баратканда Юкук-шадга анын аталаш бир тууганы
Ашина Шэнинин көрсөткөн жардамына карабастан уйгурлар көптөгөн жарадарларды
жана артта калгандарды туткунга алышты23
.
Төлөс-хандын чыгыштан чабуулу андан бетер ордунан чыккан жок. Ал жеңил
атчандар отрядынын коштоосунда уйгурларадан араң кутулуп чыкты24. Кат Иль-хан,
кыязы, душманга караганда бул жеңилиште полководец көбүрөөк күнөөлүү деп шектенсе
керек. Төлөс-хандын император Тайцзун менен сүйлөшүүлөрү жана жең ичинен
байланыштары жашыруун эмес эле. Өзүнүн аталашынын туура эмес жүрүш-турушуна
ачууланган Кат Иль-хан тактын мурасчысы камакка алынып, балак урулушуна буйрук
берди25. Ачуусунун мынча катуу келгендигине Кат Иль-ханды айыптоо кыйын. Анын
аталаш бир тууганы кытай императоруна жагынуу менен эчак эле эки жүздүүлүк кылып
жүргөн. Дал ошонун өзү эки жолу Кытайга ийгиликтүү чабуулду үзгүлтүккө учураткан,
анын үстүнө анын ушул жеңилиши да, балким, улуу хандын кубаттуулугунун чыңдалышын
каалабагандыгынын кесепетидир. Бирок ошого карабастан мындай мазактоо окуялардын
өнүгүшүндө чечүүчү роль ойноду. Камактан бошотулгандан кийин Төлөс-хан көтөрүлүш
чыгарып, жардам сурап Кытайга кайрылды26. Ага баш ийген кидандар өз ханын колдоп,
алар да императордун протектораттыгына өтүп кетишти27. Бул 628-жылдын кышында
болду, ал эми 629-жылдын жазында сеянто ханы Инан28 өзүн хан деп жарыялап, Чянъянга
анын бул титулун таануу өтүнүчү менен элчи жиберди29. Кат Иль-хандын тагы бошондой
баштады.
Мына ушул учурда жакындап келаткан кырсыктын алдында иши оңоло баштады. Кат
Иль-хандын полководеци Ашина Шэни батыш түрктүк Беш-Балык чебин, түштүк
Жуңгарияга карай ачкычты, басып алды жана Эртыштын30 жээгинде жашап жаткан
карлуктарды Тун-жабгуга каршы көтөрдү. Бирок ал ийгиликти андан ары өнүктүрүүгө
үлгүрбөй калды.
628-жылдын жазында булардан Ираклийге эмнелер белгилүү болушу мүмкүн? Анын
түрк-хазардык союздаштарынын эски каардуу душманы жүрүшкө чыккандыгы гана
белгилүү болгон. Телелердин көтөрүлүшүнүн ийгилиги жана Төлөс-хандын
чыккынчылыгы Чыгыш Түркүт хандыгынын да, Кат Иль-хандын өзүнүн да күнүнүн
бүтүшүнө алып келбесе, түрк-хазарлар өздөрүнүн туулуп-өскөн көчүү жайларын коргоо
үчүн кайтып келишет деп божомолдоо туура болор эле. Алар чындыгында эле
ошентишмек. Буларды Ираклий алдын ала, албетте, көрө алган жок; тынчтык келишимин
түзүү менен ап учурдагы кырдаалды гана жетекчиликке алган, ошондуктан ал өтө
жаңылышкан деп айтууга болбойт. Мындан тышкары, балким, ал чек аралаш коңшу болуп
кансыраган Персиянын ордуна түркүттөдүн каардуу күчү пайда болушун каалаган
эместир. Ошондуктан, анын көз карашынан алганда, бул тынчтык келишими өз убагында
түзүлгөн келишим болгон.
Бирок түркүттөр болуп жаткан окуяларга алардан артык баа бере билишкендиктен,
эски душманынын үстүнөн болуучу жеңишти колдон чыгарууну каалашпады. Алар Иран
менен жекеме-жеке согушту уланта беришти31
.
Бетме-бет салгылашуу. 628-жылы кышында Ирандын тагына жөндөмсүз Кавад Широе
отуруп, ал эми Ираклий ага тынчтык келишиминин шарттарын тануулап жатканда жабгу
кайрадан Закавказьеге жортуулга чыгып, Тбилисинин дубалдарына жакындап келди. Ал
бул жолу ишти кечеңдетпестен, бир аз курчоодон кийин өзүнүн аскерлерин камалоого
жиберди. "Алар кылычтарын көтөрүп, жабыла чабуулга өтүштү да, жер жайнаган аскерлер
биринин үстүнө бири үйүлүп, дубал менен жогору карай көтөрүлө башташты. Ошентип
шаардын шордуу тургундарынын башына караңгы түн түштү; алар жеңилип, дубалдардан
сүрүлүп, чегине башташты" 32 жана кылычташуу башталды. Эми эч кандай каршылык
көрсөтүлбөй калгандыгына карабастан жеңип чыккандар эч кимди аяшпады. Туткунга
алынган ивер ханы жана персиялык воевода жабгунун көзүнчө кыйноо менен
өлтүрүлдү33. Шаар таптакыр таланып кетти34
.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 09:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Византиялык инженерлердин дубал талкалоочу машиналарынын алдында туруштук
берген чеп бетме-бет салгылашуу үчүн курал менен гана куралданган түркүттөрдүн
кысымы астында кулагандыгы кызык. Бир аз мурда Чора (Цербент) чеби да ушундайча
алынган болучу 35 . Бирок бул түркүттөрдүн өздөрүнүн бөлүктөрүнө караганда хазар
бөлүктөрүнүн жеңиши деп ойлоо керек, анткени түркүттөр Кытайда да, Орто Азияда да
шаарларды камалоодо мындай согушуу сапаттарын көрсөтүшкөн эмес.
Тбилисини талап-тоноп алгандан кийин Жабгу-каган дароо кайтты36, ал эми уулу Бөрү-
шадга "баатыр адамдарды жетекчиликке" берип, Агванияны жеңип алууну буйруду37
.
Бул жолу жабгунун максаты өлкөнү жөн эле талап-тоноп алуу эмес, аны өзүнүн
ээликтерине кошуп алуу болгон. "Эгер ал өлкөнүн өкүмдарлары жана төбөлдөрү менин
уулумду тосуп чыгып, ага өлкөсүн букаралыкка берип, шаарларды, чептерди жана
сооданы менин аскерлериме берсе, анда силер да аларга жашоого жана мага кызмат
кылууга мүмкүндүк бересиңер" 38. Бул билдирүүдө түркүттөрдүн согушту баштоодогу
максатынын программасы айкын көрүнүп турат: Константинополго Хорасан аркылуу гана
эмес, Каспий деңизи жана Кавказ аркылуу да ташып өтүп жибек менен соода кылуу39
.
Арийне, кайдагы бир түрккө баш ийип берүү үчүн Агвания арзыбайт деп шылтоолоп,
Агваниянын персиялык акими бул талапты четке каккан. Бирок өзүнүн тбилисилик
коллегасынын тажрыйбасына салып, ал өз мүлкүн алып Персияга качып кеткен.
Бөрү-шад атасынын буйругун аткаруу менен агвандыктарга ыктыяры менен баш ийип
берүүнү сунуш кылган, бирок католикос Виро персиялык марзбан Персияга качып
кеткендигине карабастан түркүттөрдөн да, перстерден да корккон. Ошондуктан эмне
кыларын билбей, ал сүйлөшүүлөрдү созо берип, акыры түркүттөрдүн чыдамы жетпеди.
Мурдатан иштелип чыккан план боюнча алар Агванияны системалуу түрдө бүлүндүрүүгө
киришти. "Үйлөрдө жана көчөлөрдө баары эле "вай-вай! " деп кыйкырып жатышты. Ошол
күнү жана дал ошол саатта каардуу душмандын бүткүл Агвания боюнча үрөйдү учурган ач
айкырыктары жаңырып турду. Анткени жырткычтар мурдатан эле биздин областтарды
жана айылдарды бөлүп алып, баары белгиленген бир мезгилде өздөрүнүн кыйраткыч
жортуулдарын башташты" 40 . Католикос Арцах деген тоолуу айылга качып кетти;
түркүттөрдүн элчилери аны ал жерден издеп таап, багынып берүүнү дагы сунуш кылышты.
Католикос өлкөнүн баардык кызмат адамдарын чогултуп, эмне кылуу керектигин:
каршылык көрсөтүүнү же багынып берүүнү чечүүнү сунуш кылды. Баары бир добуштан
багынып берүүнү жактап чыкты, ошентип католикос лагери Партавдан алыс эмес жерде
жайгашкан шадга алманды өзү алып барып берди. Шад Католикосту жылуу кабыл алып,
ага мындай деп айтты: "Эмне үчүн сен мага келүүгө шашылбадың? Мурда эле келсең,
мынчалык азап болмок эмес, сенин өлкөңө менин аскерлерим кырсык алып келбейт
эле"41. Католикостун өтүнүчү боюнча шад туткунга түшкөн агвандардын баарын бошотууга
буйрук берди; анын жан-жөкөрлөрү түтүндү түрө кыдырып, туткундарды издеп жүрүштү;
"буюмтайымдын алдында же малдын арасында жашынган жаш адамдарды сүйрөп чыгып
жатышты, аларга каршылык көрсөтүүгө эч ким батына албады"42
.
Түркүттөр Агванияда орноткон режим жеңил болбой чыкты. Өлкөнү талкалагандан
кийин ачарчылык43 башталгандыгына карабастан, "Түндүктүн ханы бүткүл жер бетине
коркунуч жана азап-тозок алып келди. Ап алтынды жууп
алууну, күмүш, темир алууну жана жез чыгарууну билген ар кыл кесиптеги кол
өнөрчүлөргө кароолчуларын жиберди. Ал ошондой эле товарлардан жана Кура жана
Аракс улуу дарыяларында балык улоочулардан пошлина, ошону менен бирге персиялык
падышалыктын кадимки каттоосу боюнча дидрахманы талап кылды"44. Бул эстеликте
түркүттөрдүн тарыхында бирден-бир ирет багындырылган элдерге салык салуунун
системасы көрсөтүлгөн. Документтен көрүнүп тургандай, ал персиялык салыктан бир
кыйла оор болгон, ошондуктан эми түркүттөрдүн дөөлөтүндө четке качуу күчтөрү эч
убакта басылбагандыгы толук түнгүнүктүү болуп калат.
Бирок бир эле Агвания түркүттөргө аздык кылган болучу. 630-жылы апрелде45 алар
багындыруу үчүн Арменияга кол салышты. Арменияга жиберилген аскерлер өтө аз санда
болгон; ал "Чорпан-тархан деген арамза жана канкор адамдын жетекчилиги астында"46
бар болгону 3000 адамдан турган. Шахрвараз — Ирандын чыныгы аскердик диктатору
"Чорпан-тарханга каршы өзүнүн полководец Гонагнды — "түрк атчандарынын" башчысын
10 000 баатыр жигит"47менен жиберген.
Чорпан-тархан көчмөндөрдүн адаттагы ыкмасын колдонду: аскерлердин бир бөлүгү
качымыш болуп перстерди буктурмага алдап алып келишип, алар бүт бойдон кырып
салышкан. Ошондо "жоокер аттуунун жана жанына кылыч тагынып жүргөндөрдүн баары
алар үчүн падышалардын бийлиги жана аскер башчыларынын күчү эч нерсеге
арзыбастыгын билишти"48
.
Армяндык автордун эң жөнөкөй аскердик деспотия катары түркүттөрдан
мамлекетинин мүнөздөмөсү Ян Цзяндын49 жана Ли Ши-миндин50 жогоруда келтирилген
айткандарына да, тарыхтын жүрүшүнө да толук ылайык келет. Дөөлөт найза менен
негизделип, найза менен кармалып турган; "жердин тузу" жоокерлер болгон, ошондуктан
өтө кайраттуу хандар гана душмандар үчүн эле эмес, алардын өздөрү үчүн да коркунучтуу
болгон бул күчтү өз колунда кармай алган. Борбордук бийликтин ар кандай бошоңдошу
Батыш түркүттүк дөөлөттү кулоого алып келгендей козголоңдорду туудуруп турган. Жабгу-
кагандын жеңиштүү аскердери кагандыктын өзү сыяктуу эле таштай бекем эмес болчу.
Уруулук топтордун атаандаштыгы жоокерлердин маанайларына таасирин тийгизбей
койгон эмес жана өлкөнүн ичиндеги карама-каршылыктардын курчушу Иранды сактап
калгыдай жана Бөрү-шаддын бардык ийгиликтерин жок кылгыдай окуяларга алып келген.
Кыйроо. Согушчан хан Тун-жабгу бүт өмүрү бою ага такты алып берген нушиби
уруусунун айтканын ырааттуулук менен аткарган. Алардын таламдарын коргоп ал Кытай
жана Византия менен достошкон, чыгыш түркүттүк хандар менен чатакташып, Иран менен
кандуу согушка кирген. Бирок согуш үчүн дайыма жана бардык жерде акча менен
адамдар керек. Адамдарды түндүктөн, ДРУ уруусунан алууга туура келген, алар бул
согуштан өздөрү үчүн пайданы да, максатты да көрүшкөн эмес. Хандын үй-бүлөсү
алардын атаандаштарына — нушибилерге ачыктан ачык жан тартышы да дулуну ак
ниеттүү болууга түрткөн эмес. Каражатка муктаж болгон хан алардан чоң штрафтарды
өндүрүп ала баштаганда51, алар жамбашта байланган кылыч падышалар менен аскер
башчыларынын бийлигинен ашып түшөрүн эстешкен 52 . Тун-жабгу алардын
нааразылыгынын өсүшүнө маани берген эмес, ал эми анысы орду толгус каталык болгон.
Чыгыш түркүттөр андан Беш-Балыкты тартып алар замат Кара Эртышта жашаган карлуктар
көтөрүлүш чыгарып, алардын артынан дулу союзунун башка уруулары да көтөрүлдү.
Аларга Баатыр-хан (Моходу-хоу) деген атка конгон хандын атасынын бир тууганы53
башчылык кылган. Ал Тун-жабгуну өлтүрүп, андан кийин Күлүг Сибир-хан (Күйли Сыби-
хан) деген титулду алган.
Дулуга жан тарткан кагандыктын батыш чет-жакасында болгар-унногундурлар турган,
алардын жолбашчысы Кубрат 619-жылы Константинополго54 барып, ал жерде патрикий
сан наамын алган да, чокунуудан баш тарткан55. Болгарларды дулуга жан тартууга
хазарлар менен атаандаштык түрткөн. 630-жылга чейин алар аварлардын мүмкүн болгон
кол салуусунан кагандыктын батыш чек арасын кайтарып турган, бирок кутургурлардын
авар ханына каршы көтөрүлүшү бул чек араны Дондон Карпатка чейин жылдырды.
Мындай жаңы абалда эң сонун аскерлерди тылда кармап туруунун эч мааниси жок эле,
ошентип болгарларды согушуп жаткан армияны толуктоо үчүн Закавказьеге которушту.
Кыязы, Тун-жабгу өзүнүн атасынын бир тууганына ишенбей анын дубанын бир
тууганы Жабгу-хаганга өткөрүп берүүнү каалаган окшойт. Бирок ал жеңилип калып каза
болгон 56 . Же болбосо, ордодогу төңкөрүштөн кийин армияда жүргөн дулулар да
көтөрүлүш чыгарышып, Бөрү-шаддын өмүрү коркунучта калса керек57. Бирок ал аман
калып, кийинчерээк Орто Азияда, нушибилердин өлкөсүндө жашаган58. Болуп өткөн
дүрбөлөңдөр түркүттөрдү Закавказьеден кетүүгө мажбурлап, аны дароо эле перстер
ээлеп алган.
Нушибилерди күтүлбөгөн жерден басып калышкан, бирок алар багынып, баш ийип
берүүгө макул болушпады. Төңкөрүш59 ички согушту туудуруп, ал өзү менен Батыш Түркүт
кагандыгынын бүткүл андан аркы тарыхын толтурду. Жаңы өкмөт Тун-жабгу-хан басып
алган жерлеринен дароо ажырады. Закавказьенин артынан Гибин менен Тохаристан
бөлүнүп кетишти, ал эми Жуңгариянын теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, түркүттөргө
каршы согуш баштады. Бирок Сибир хан үчүн эң оор нерсе ага император Тайцзундун терс
мамилеси болгон, ал Тун-жабгу ханды салтанаттуу көмүү үчүн60 кымбат белектер менен
атайын элчилик жиберген. Бул өзүнчө бир маанисиз кадам Азиянын өтө кубаттуу дөөлөтү
төңкөрүшкө каршы экендигин көрсөттү.
Талаш-тартыштан бир гана болгарлардын жолбашчысы Кубрат утуш алды. Адегенде
ал өзүнүн аталаш агасы Сибир ханды колдоо менен түркүттөрдөн жана хазарлардан
кутулду. Андан кийин кагандыктын борборунан алыстыкты пайдаланып, ал өз алдынча
өкүмдарга айланды жана ички согуш менен алагды болгон түркүттөр аны жайына коюшту.
635-жыл чамасында Кубрат аварларга сокку уруп, ошол эле убакта Константинополго
элчилик шайлап жөнөттү. Ираклий ага белектерди жөнөтүп, патрикий сан наамын
ыйгарды61. Кутургурлардын аварларга каршы көтөрүлүшү Кубратка Кара деңиз боюндагы
талааны берди, анткени Феофандын летописинде ал "Болгариянын жана котрагдардын
ээси", т.а. кутургурлардын62 ээси катары чыгат.
Бардык согуштарда кутургурлар аварларга иштиктүү жардам бергендигине
карабастан аварлар аларга баш ийгендер катары, т.а. өтө начар мамиле кылышкан. 630-
жылы кутургурлар көтөрүлүш чыгарып, бирок жеңилип калган. Европада жүргөндөр
Баварияга качып кеткен, бирок ал жерде франктардын королу Дагобердин буйругу менен
чыккынчылык менен мууздалып өлтүрүлгөн. Чыгыштагылардын жолу болду, алар
уруулаш утургурларга келип кошулуп, болгар элин түзүштү. Жаңы Болгария түркүттөргө
таянуусун улантып келген чыгыштагы хазарларга, батышта — аварларга жана түштүктө
Византияга кас болгон; анын күчү баарына жеткен. Ушул убактан баштап авалардын
кагандыгынын кубаттуулугу ава элин Улуу Карлдын чарайналуу аскерлеринин кылычы
астында кырылып калганга чейин төмөндөй берген.
Кубрат негиздеген болгар дөөлөтү 679-жылга чейин жашаган, бирок түркүттөрдүн
казгандыгына анын андан аркы тагдыры эч кандай тийиши жок. Ошондуктан, Европаны
мындай таштап, Борбордук Азияга кайрылып келели.
Кытай менен акыркы согуш. Тан өкмөтү үчүн эң кайгылуу нерсе реставрациялануудан
үмүтү үзүлбөгөн суй эмигранттарына түркүт ханынын калкалоо көрсөтүлгүн уланткандыгы
болгон. Өлкөнүн кадыресе турмушун калыбына келтирүүдө жаңы бийлик жеңип чыгууга
аргасыз болгон кыйынчылыктарды эмигранттар кайсы учурда болсун пайдаланышы
мүмкүн эле. Эгерде түркүт ханы императордук гвардияны талкалап, Кытайга "мыйзамдуу"
монархты алып келе алса, жаңыдан эле өчүрүлгөн ички согуш оту кайрадан жалындап
чыкмак. Ошондуктан Чыгыш кагандыктын кризисин пайдаланбоо Тайцзун үчүн
кечирилгис жеңил ойлуулук болор эле, бирок ага ал жөндөмсүз болгон. 628-жылдан
тартып Кытайда согушка даярдануу башталган 63 жана ушул убакка чейин Шофан64
чебинде туруштук берип келген Лян Ши-ду биринчи курмандык болуп калган.
Баш аламандык түркүттөрдүн дөөлөтүн кучагына алганда Тайцзун Лян-Шиду менен
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган, бирок берки алардан баш тарткан. Ошондо
император ага каршы чек аралык талаа аскерлерин жиберген. Туткунга түшүрүлгөн Лян
Ши-дунун тарапкерлери бошотулуп, элди козголоңчуларга каршы көтөрүү үчүн Ордоско
жиберилген. Табгачтардын жеңил куралчан атчандары Шофандын айланасындагы
айдоолорду жок кылган. Ал жерде ачарчылык башталып, Лян-Ши-дунун букаралары
Кытайга ооп барышканда алар жакшы кабыл алынган. Лян Ши-дунун шакирттеринин
арасында өз ара ишенбөөчүлүк кырдаалы түзүлүп, кээ бир полководецтер өзүнүн
жолбашчысын колго түшүрүп алуу үчүн кутум уюштурушкан, бирок ийгилик болбой,
баштары кесилген.
628-жыл Тайцзун Шофанга чабуулду баштоого буйрук берген. Түркүттөр аны коргоого
чыгып, бирок табгачтар тарабынан артка сүрүлгөн. Ошондон кийин императордун
аскерлери Шофанды курчоого алган. Кутулуп кетүүдөн үмүтүн үзгөн Лян Ши-дунун
шакирттери курчап алгандарга өзүнүн жолбашчысынын башын алып келишип, багынып
беришкен. Аларга кечирим берилген жана сыйланышкан. Тан династиясынын бийлиги
астында Кытайды бириктирүү аяктаган. Мунун артынан 629-жылы түркүттөр Ма-и чебинен
куулуп чыгып, бүткүл Ордос Кытай императорунун колуна өткөн.
Алгачкы эле иштин оңунан чыкпай калышы Кат Иль-хан үчүн кайгылуу болуп чыкты.
Букаралар, анын тууган-туушкандары жана ал түгүл шакирттери өздөрүнүн көз карашынан
алганда "катарлаш кызматы боюнча"65 мурунку Кытай императору болгон 'Табгач ханына"
качып өтө баштаган. Адегенде тогуз командир (сыгундардын) өз отряддары менен өтүп
кетишти. Андан кийин Чанъянга байырку, бугу, тонгра, си жана татаб (хи) урууларынын
башчылары66 багынып берүүнү билдирүү менен келишти 67 . Табгачтардын армиясы
түркүттөрдүн аскерин Линчжоунун жанында (Ганьсуда) талкалаганда, кытайга Төлөс хан
Шибоби, Кат Иль-хандын аталаш иниси Юйше-шад жана Шибоби чыккынчылык
кылгандан кийин мурасчы болуп дайындалган, бирок ошондой эле ийгиликтин
мүмкүнчүлүгүнө ишенимин жоготкон Иннайтегин68 чаап келишкен.
Мунун да себеби болгон. Алты кытай армиясы Луаньхэ дарыясынан Бинь- чжоуга69
чейин каптап келаткан болучу. Оянлин тоолорунун жанындагы (Шаньсиде) түнкү
салгылашууда Кат Иль-хан кайрадан талкаланып, 630-жылдын башында чөл аркылуу
түндүккө чегинген. Ошондо анын жан-жөкөрлөрү чыккынчылык кылып70, жеңип чыгууга
Суй сарайынын императорунун аялын жана талапкер ханзааданы кармап беришкен.
Бирок Кат Иль-хандын дагы "он миңдеген аскери"71 болгон. Ошондой эле алардын
чындап берилгендигине шиенгендиктен, ал ардактуу тынчтык келишими жөнүндө
сүйлөшүүлөрдү баштоого аракет кылган.
Император хандын сунушун кабыл алмак болуп жатканда башкы командачы ишти өзү
чечип, күтпөгөн жерден кол салуу менен түркүттөрдүн аскерлеринин калдыгын
талкалаган. Кат Иль-хан качып кетүүгө үлгүргөн, бирок кайра колго түшүрүлүп, Чанъянга
жеткирилген. Анын артынан анын акыркы ишенимдүү ханы Ышбара Шуниши-шад72
багынып берген. Ошентип Чыгыш Түркүт дөөлөтү жашоосун токтоткон.
Чыгыш Түркүт дөөлөтү тез эле тыптыйпыл болуп кыйраган. Кандайдыр бир бир
жарым жылдын ичинде түркүттөр талаа мейкиндиктеринин өкүмдарларынан аларды
көтөрүлүш чыгарган телелер кармап алганча мүмкүн болушунча тезирээк кытайлардын
колуна түшүп берүүгө умтулган качкындарга айланган. Тайцзун батыштагы Хами оазисине
чейин жана түндүктөгү Сибир тайгасынын чегине чейин бийлеген. Бирок жеңиштин
чечүүчү учуру куралдын күчү эмес, көчмөндөрдүн императорду өз ханы деп ыктыярдуу
таанышы болгондугун байкабай коюуга болбойт. Иштин чынында Кытай Улуу талаага
караганда табгачтарга бир кыйла айыгышкан каршылык көрсөткөн, ошентип эми аларды
бир дөөлөт астында бириктирүү ар түрдүү маданияттын жана ар түрдүү психикалык
турпаттын элдерин камтыган чыгыш азиялык империянын түзүлүшүнүн башталышы
болгон. Бул империянын башында полководецтер Ли Юандын жана Ли Ши-миндин
шакирттери турган, ал эми алардын арасында кытайлар эмес, уйгурлар, түрктөр, согдулар,
корейлер да болгон. Ушул 630-жылдан тартып биз аларды Тан империясы кайрадан кытай
падышалыгына айланганга чейин империячылар деп атайбыз.
Доордун ыргактары. Чыгыш Түркүт кагандыгынын кулашын жана анын
урандыларында Тан империясынын түзүлүшүн карап чыгып жатып, биз өзүбүзгө мындай
суроо бербей койбойбуз: бул көрүнүш тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөн келип чыкканбы
же учурдун кырдаалдары менен гана шартталган кокустук роль ойнодубу?
Бул маселе тарыхый адабиятта өтө аз чагылдырылган. Орхон жазууларынын автору
Йоллыг-тегин гана өз мезгили үчүн толук негиздүү түшүндүрмө берет. Ал хандарды
"акылсыз жана коркок" болгондугу үчүн, бектер менен элди хандарга чыккынчылык
кылгандыгы үчүн, табгачтарды агаларына каршы инилеринин алдамчылыгы жана
азгыргандыктары үчүн айыптайт, мында эң башкысы ал түрк элин назиктентип жиберген
кытай байлыгын айыптайт. Бирок Йоллыг-тегин жеңилүү болбой койбос нерсе деп
эсептеген эмес. Тескерисинче, бүткүл жазуулар болочокко эскертүү катары түзүлгөн.
Йоллыг-тегин эгерде Кытайдан бир кыйла алыс аралыкта жашаса жана табгачтар менен
өтө тыгыз алакада болбосо баары жакшы болушу мүмкүн экендигине толук ишенген73
.
Ошентип, Йоллыг-тегиндин пикири боюнча, 630-жылдагы жеңилүү жаңылыш саясаттын
натыйжасы, т.а. тарыхый кокустук болгон. Анын туура же туура эмес айтып жаткандыгын
карап көрөлү.
Кытай тарыхчылары, Тан династиясынын эски жана жаңы хроникаларын түзүүчүлөр74
таптакыр карама-каршы көз карашта. Алар үчүн варварларды жеңип чыгуу —
түшүндүрүүнү талап кылбаган табигый көрүнүш. Эгерде түркүттөр жеңип чыкса — муну
салт-санаалардын бузулушу же императордун жөндөмсүздүгү менен түшүндүрүүгө болор
эле. Мына ушундан улам, алар окуяларды аңдап түшүнүүгө аракет кылбастан жайбаракат
гана санап чыгышкан. Ошондуктан илимий мамиле жагынан алар Йоллыг-тегинден да
төмөн турат.
Эми маселени азыркы убактагы илимий жетишкендиктердин базасында чечүүгө
аракет кылып көрөлү. VII к. кытайлардын да, көчмөндөрдүн да жөнөкөй товардык
чарбасы болгон жана алардын ортосундагы алмашуу салыштырмалуу чоң деле болгон
эмес. Кытайдын өзүндө акчанын ордуна жибек менен данды пайдаланышкан,
ошондуктан дегеле кытай дыйкандары өздөрүнүн эмгектеринин үзүрлөрү чек арадан
тышкары агылып кетишин каалашкан эмес. Ошондой эле катардагы көчмөндүн күнү сүт
жана эт менен, кийим үчүн тери жана боз үй үчүн кийиз менен өткөн, ошондуктан башка
уруудагы кытайлар менен тыгыз байланышуунун ага кереги да жок болгон.
Бирок хандар менен вандар, бектер менен гундар буга башкача карашкан. Түркүт
хандары үчүн жибек, зергер буюмдары бийлик бере турган байлык болгон. Кытай
императорлору үчүн аттар жана жалданма аткычтар зомбулуктун куралдары, бийликти
кармап туруунун каражаты болгон. Эки учурда тең башкаруучу төбөлдөрдүн
кызыкчылыктары эл массасынын каалагандарынан жогору турган. Ал эми VII к. Кытайдын
жана Улуу талаанын элдери, биз жогоруда көрүп тургандай, бейкуттукта жана өз алдынча
жашоону каалашкан. Ошондуктан түздөн-түз зомбулуктун жолу менен маданияты,
экономикасы боюнча жат эки элдин биригишин тарыхый процесстин жүрүшүнүн
убактылуу бузулушу катары, т.а. тарыхый кокустуктун көрүнүшү катары кароо туура болот.
Мына ушул көз караштан алганда Тан империясынын бүтүндүгүн колдогон туруктуу
чымырканган күч-аракеттер да, анын тып-тыйпыл талкаланып кулашы да түшүнүктүү
болуп калат. Кабыл алынган шилтемелерге таянып, биз туруктуу козголоңдордун,
кутумдардын, киши өлтүрүүлөрдүн жана чыккынчылыктын, эски династияга караганда
салыштыргыс жакшы жашаган кытай элинин, ошондой эле бай белектер менен алданган
көчмөн уруулардын да нааразычылыгын түшүндүрө алабыз. Александр Македонский
Эллада менен Чыгышты бириктирүүгө аракет кылган сыяктуу эле Тайцзун Ли Ши-минь
Кытайды көчмөндөр дүйнөсү менен жараштырууну каалаган. Эки ой-максат тең ордунан
чыкпаса да алар өздөрүнөн кийин биринчи учурда эллинизмди, ал эми экинчи учурда —
адамзатка искусствонун, адабияттын жана терең ойлордун шедеврлерин берген Тандын
жаркын маданиятын калтырышкан.
Бирок окуялардын жүрүшүнө кайрылып келип, Ли Ши-минь кандай каражаттар менен
өзүнүн ийгиликтерин бекемдегенин жана өз империясын чындагандыгын карап көрөлү.
Кайрымдуулуктун күчү. Жеңилген түркүттөр аёосуз жазалоону күтүшкөн эле, бирок
андай болгон жок. Колго түшүрүлгөн Кат Иль-ханды императорго алып келишип, аны бир
канча жосунсуз жоруктары: Суй сарайынын жакшылыгын билбегендиги, ал үчүн акырына
чейин салгылашпай койгондугу, келишимдерди бузгандыгы, элдин каалоосуна жат
согушу, кытай дыйкандарын тоноп алгандыгы, сүйлөшүүлөрдүн убагында качып
кеткендиги үчүн жемелеп, андан соң ага кечирим берип, аны менен кошо колго
түшүрүлгөн бүт үй-бүлөсүн кайтарып берген. Кийинчерээк император өз туткунун
гвардиянын катарына кабыл алып, ага жер бөлүп берген, бирок ал "терең ойго батып,
кайгы тартып, мундуу ырдап, көз жашын төгө берген"75. 634-жылы Кат Иль-хан кайгыда
жүрүп көз жумат да, сөөгү түркүттөрдүн салты боюнча коюлат.
Төлөстөрдүн ханы Шибобиге да кайрымдуулук кылышкан. "Ал падышанын
дасторконунан орун алып, аскердик чин, княздык наам жана ага кызмат кылуу үчүн 700
түтүн"76 алган. Башка түркүт ханзаадалары жана жолбашчылары императордук гвардияга
кабыл алынган77
.
Императордун жеңилгендер жана багынып бергендер менен мамилеси жөнүндө
кабарды "узун кулак" талаага таркатар замат каршылык көрсөтүүнүн акыркы очоктору
дароо өчкөн. Ал убакта Ордостон батыш жакта отурукташкан сунит уруусунун шады
Ышбара баш ийип берди78. Турпан менен Хаминин79 ортосундагы өзүнүн дубанында
көчүп-конуп жүргөн Юкук-шад — Кат Иль-хандын уулу багынып берди. Урууларга жана
оазистерге өзүн-өзү башкарууну жана белектерди берип, Тайцзун талаада ушундай
кадыр-баркка ээ болгон. Бул анын империясына Чыгыш кагандык кулагандан кийин
дароо, ошондой эле андан кийинки жарым кылым ичинде келип чыккан бардык
кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жардам берген. Жеңип чыккандар үчүн түркүттөрдүн
көчүп-конгон жерлеринде жашынып жаткан кытайларды, Суй династиясын калыбына
келтирүүнүн тарапкерлерин кармап алуу өтө маанилүү милдет болгон. Тайцзун бул жерде
да арга тапкан: ал ар бир колго түшүрүлүп ага алып келинген кытай үчүн алтын жана
жибек сыйлык берүүнү жарыялаган. Ошентип түркүттөр тез эле ага 80 миң аял-эркекти
алып келишкен. Бирок аларды да кайрымдуулук күтүп турган эле: үйлөрүнө келер замат
Кытайдан кетип калгандыгы үчүн мунапыс берилип, алым төлөөчү сословиенин
тизмесине киргизилген болучу80
.
Жеңиш императордук өкмөттүн алдында дагы бир өтө маанилүү жана кечиктирилгис
маселени койгон: баш ийип берген түркүттөрдү эмне кылуу керек? Кээ бирөөлөрү
кытайдын мыйзамы боюнча аларды кулга айландырып, Кытайдын ичинде дыйканчылык
жумуштарына пайдаланууну сунуш кылышты. Экинчилери аларды кайра талаага айдап,
бири-бирине көз каранды эмес көп сандаган майда ээликтерге бөлүп жиберүүгө кеңеш
беришкен. Үчүнчүлөрү аларды Ордос менен Алашандын талааларындагы чек араларды
бойлото отурукташтырып, алыскы жортуулдар үчүн көмөкчү аскерлер катары пайдалануу,
ал эми бейкут мезгилде аларга чек араны күзөтүүнү тапшыруу максатка ылайыктуу болот
деп эсептешти81. Император акыркы пикирди кабыл алып, бир акимдин башкаруусу
алдындагы эки аскердик губернаторлукту: чыгышта Динсян, ал эми батышта Юньчжун
губернаторлуктарын тузду.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 09:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Империянын чек арасы кайрадан Гоби чөлү болуп калды, ал эми андан түндүк
жактагы жерди, Алтаин-нуру тоо кыркасынан тартып Байкалга жана Чоң Хинганга чейин эч
каршылыксыз эле сеянтолук князь Инан басып алды. Көптөгөн түркүттөр сеянтолорго
кошулду.
Император Тайцзунга баш ийген түркүттөрдүн саны 190 миңге82 жеткен. Аларга өз
турмуш-тиричилигин жана салт-санаасын сактап калууга эч ким бөгөт кылган жок, бирок
Кытайдын жакындыгы түркүттөргө таасирин тийгизбей коё албады. Анын күчүн
түркүттөрдүн өздөрү белгилешкен: "Чексиз өлчөмдөгү ушунчалык көп алтын, күмүш,
спирт жана жибек берген табгач элинин тили таттуу, ал эми асыл буюмдары жумшак
(назик); таттуу тили жана укмуштай асыл буюмдары менен алар алыста жашаган элдерди
өзүнө катуу тартышкан. Беркилер болсо жакындап көчүп келгенден кийин келжирек
акылмандуулукту өздөштүрүшкөн" 83. 'Түрк өкүмдарлары өздөрүнүн түрк ысымдарын
алып салып, табгачтык титулдарды кабыл алышып, табгач элинин каганына баш ийип
беришти. Алар ага элүү жыл бою ак эмгегин жана күчүн беришти"84
.
50 жылдын ичинде, 630-жылдан 679-жылга чейин Ордосто жашаган көчмөндөрдө зор
өзгөрүүлөр болгон. Алар түркүттөрдөн, өздөрүнүн түндүктөгү боордошторуна, телелерге,
ошондой эле өзүнүн ата-бабалары болгон түркүттөргө көп окшошпогон көк түрктөргө
айланышкан. Бирок ал жөнүндө кийинчерээк сөз болот.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 10:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ОН ОК
Граждандык согуш. Дулу урууларынын союзу жасаган мамлекеттик төңкөрүш жана
Сибир хандын зомбулугу ийгиликке ээ болгондугунун себеби, ал бүткүл Батыш кагандыгы
үчүн такыр күтүлбөгөн окуя болучу. Тун-жабгу ханды өлтүрүү нушиби уруусунун гана эмес,
түркүттөрдүн өздөрүн да жаңы бийликке каршы түрттү. Сибир хан өзүнүн абалынын
бошоңдугун сезип, эч болбосо бир союздашка ээ болуу үчүн Болгариянын бөлүнүп
кетишин тааныды1
, бирок бул аны сактап калган жок.
Нушиби урууларынын көтөрүлүшүнө набыт болгон Бага-жабгу хандын (Мохэ) уулу
Нишу Кана-шад башчылык кылды. Нишунун дубаны Пайкент шаарында болгон,
ошондуктан ага бай Бухара баш ийген.
Согуш жүргүзүү үчүн дайыма акча керек, ал эми Сибир хандын акчасы жок болучу. А
бирок Нишунун жетиштүү алтыны жана күмүшү болгон. Бухаралык усталар ага керектүү
санда тыйын2
куюп турган, алардын жалтыраган түсүнө жана үнүнө Сибир хандын
шакирттеринин эрдиги жана берилгендиги туруштук бере алган эмес. Анын үстүнө
нушибилердин ордосуна Тун-жабгунун уулу3 — тактын мыйзамдуу мурасчысы качып
кеткен4
. Анын көтөрүлүшкө катышуусу кыймылга мыйзамдуу күч берген. Нишу аны Ирбис
Болун жабгу хан5
деген ат менен такка отургузган. Ушундан кийин Сибир хандын
аракетинен эчтеке чыккан эмес, анткени эл анын атаандашына баш ийген, анын артында
мыйзам жана акча турган эле. Сибир хан Алтай тоолоруна качып кетип, 631-жылы
нушибилер аны кууп жетип, өлтүрүшкөн.
Ирбис Болун жабгу-хандын такка отурушу уруулар союзунун устүнөн түркүттөрдүн
үстөмдүгүн калыбына келтирүү мүнөзүндө болгон, бирок жаңы хан ага жүктөлгөн үмүттү
актай албады. Ал арамза, көк, көпкөлөң жана кыйды6
болуп чыкты. Кыязы, бул сапаты
үчүн ал Сы-жабгу7
, т.а. " жүзү кара" деген жаманаттуу атка татыктуу болгон. Анын
сеянтолорду баш ийдирүүгө жана кагандыктын мурунку чек араларын калыбына
келтирүүгө аракети толук талкалануу менен аяктады. Жалаа боюнча өлүм жазалары элдин
кыжырын кайнатты. Хандын шектенгенинен чочулап Нишу Карашаарга качып кетүүгө
аргасыз болгон. Бирок нушибилик уруу жолбашчылары хандын эзүүсүн көтөрүү үчүн аны
такка отургузган эмес эле. Муби Тархан деген бирөө кутум уюштуруп, Ирбис өз ордосунан
жеңил атчандар отряды менен качып кеткен. Куулган хандын артынан ээрчиген атчандар
түркүт жеңип алуучуларынын тукумдарына таандык болгон деп ойлоо керек, аларга
аборигендердин жеңиши эч жакшылык алып келмек эмес. Аман калуунун бирден-бир
жолу түштүккө карай кеткен. Аму-Дарыянын сол жээгиндеги Кундуз өрөөнүн Ирбистин
аталаш иниси башкарып турган. Ошондуктан ал өзүнүн аталаш агасына жана анын
шакирттерине жардам бере алмак8
. Ирбис жөнүндө акыркы маалыматты Сюань Цзан
билдирет. Анын айтуусу боюнча бул хан Балхты андагы буддалык монастырды талап-
тоноо үчүн курчоого алат, бирок ошол эле курчоонун биринчи түнүндө каза болуп9
, анын
аскерлери тарап кеткен.
Бул окуя батыш кагандыгынын тарыхында маанилүү бурулуш күн болгон. Ага чейин
түркүттөр анда башчылык абалды ээлеп келген; эми болсо демилге жергиликтүү
уруулардын жолбашчыларынын колуна өткөн. Окуялардын андан ары өнүгүшүн
аныктаган күчтөрдүн жаңы жайгашуусу түзүлгөн. Бийлик нушибилердин колунда болуп,
алар династияны алмаштырууга умтулушкан эмес. Алар Карашаардан Нишуну чакырып
келип, такка отургузушту. Нишу Дулу хан10 деген титулду алды, кыязы, ал өзүнө түндүк
урууларын тартуу үчүн ушундай кылса керек. Ошентип алар да аны таанып, граждандык
согуш басаңдады.
Жаңы хан өзүнүн букаралары толук колдогондо гана такка отура ала тургандыгын
түшүнгөн, ошондуктан Согдиананын соода борбору — Пайкент менен бекем байланышта
болгондуктан ал аларга эмне керектигин билген. Ошондуктан Кытай менен
сүйлөшүүлөрдө өзүнүн ыкка көнүп берүүсүн өзү ыктыярдуу баш ийгендей абалга чейин
жеткирген. Бирок ал өз максатына жетип, 634-жылы такка отуруп, жайбаракат аркы
дүйнөгө кетип, түркүттөрдүн мыйзамы боюнча такты өзүнүн иниси Тонг-шадга өткөрүп
берген. Ал Ышбара Толис-шад11 деген ат менен падышалык кылган.
Он ок. Нушибилик хандар умтулган бейкуттук кеңири саясий милдеттерден баш
тартуунун эсебинен жетишилген. Иран менен согуш кайра башталган жок. Болгарлардын
жана угор урууларынын баш ийип бергилери келген жок. Бардык күч Жуңгарияны кайра
багындырууга жумшалды. Ошентип ал жүзөгө ашырылды. 632-жылы козголоңчул киби
уруусу батыш түрктөрдүн (аларды түркүттөр деп атоого болбойт) кысымы астында кең-
кесири Юлдуз өрөөнүн таштап кетип, Тан империясынын ээлигиндеги Хэсиге көчүп
кетишкен12
.
Андан кийин кезек Беш-Балыкка келди. Ал жерде Чуло-хандын уулу — баатыр жана
айкөл Ашина Шэни13 отурган эле. Чыгыш кагандыктын салттарына берилгендикти сактоо
менен ал түркүттөрдүн аркасынан сокку урган сеянтолорго каршы өз аскерлерин
көтөргөн. Жан-жөкөрлөрү адегенде өз абалын чыңдап алуунун зарылчылыгын ага
айткандан эчтеке чыкпады, анткени өз аскерлерин чыгышка карай алыскы жортуулга
жиберсе "Жабгунун уулдары жана неберелери биздин падышалыкты басып алат"14 деп
айтышкан эле.
Бирок Ашина Шэни күрөштү улантуудан баш тартуу — балалык сыйын унутуу
дегендик болот, эгер анын иши ордунан чыкпаса, өлүмгө да макулмун деп болбой койгон.
634-жылы ал өзүнүн бардык күчүн, 50 миңге жакын атчандарын, таштуу жуңгар
чөлүнүн түндүк жагына которгон, бирок төрт айлык салгылашуулардан кийин толук
жеңилүүгө дуушар болгон. 10 миң атчандан турган отряды менен ал Гаочанга чегинет. Ал
жерде император Тайцзунга баш ийген анын аталаш бир тууганы Юкук-шад башкарып
турган эле.
Ошол убакта Тан императорунун элчиси батыш түркүт ханына тартылып алынган
жерлерди кайтарып алууга убакыт жетти дегендей кыйытып сөз айтат. Ышбара хан мына
ушундан пайдаланып, Беш-Балыкты ээлеп алат. Шэни үчүн бир гана арга — Кытайга кетип
калуу калган эле. 636-жылы ал өзүнүн аскерлеринин калдыгы менен Чанъянга келип, өз
кызматын сунуш кылган. Ошондо ага зор урмат көрсөтүлгөн: ал гвардиянын генералы
деген чин, өз ордосун жайгаштыруу үчүн жер, колукту-ханышаны жана ордо кызматын
алган15. Арийне, бул үчүн Тайцзун ишенимдүү доско ээ болгон.
Жуңгарияны кайра бириктирүү Батыш кагандыктын эл аралык абалын чындады,
бирок бул чыңдоо өзү менен кошо ички карама-каршылыктарды курчутуп жаңы
дүрбөлөңдөрдү туудурду. Чындыгында Сы-жабгунун жана Шэнинин жеңиштери
түркүттөрдүн үстүнөн жергиликтүү уруулардын салтанаты болгон. Династиянын сакталып
калышы али дөөлөттү данакерлеген жок, бирок Ышбара Толис-шад хандын чыныгы күчү
болбой калган эле, ошондуктан бектердин ыктыярдуу баш ийүүсүнө гана таянган, мунун
өзү өтө ишенимсиз эле. Дулу менен нушибинин бектери сырт жактан аларга эч нерсе
коркунуч келтирбегендигин сезер замат ханга өз каалоолорун таңуулай башташты. Ага
жогорку бийликти ого бетер бошоңдоткон реформаны жүргүзүүгө туура келген. 635-жылы
дулу жана нушиби уруулары өзүн-өзү башкарууга жетишти; дулунун беш уруусу жана
нушибинин беш уруусу өз-өзүнчө Ашина тукумунан чыкпаган бирден башчы алышты.
Алар, кыязы, жергиликтүү уруулук төбөлдөрдөн болушса керек. Бул башчылардын ар
бири кадыр-баркы боюнча шадга, т.а. ханзаадага теңештирилген. Алардын ар бирине
бийликтин символу катары жебе тапшырышкан, ошондуктан мындан "он ок түрктөрү"
деген ат келип чыккан. Эки союздун, дулу менен нушибилердин ортосундагы чек ара
Чүй16 дарыясы болуп калган.
Сепараттык тенденциялардын ыгына көнүп берүү, албетте, кулап бараткан
мамлекетти сактай албады.
Нааразы болгондор. Жаңы тартип көбүн канааттандырган, бирок баарын
канааттандыра алган эмес. Албетте, андан Батыш кагандыкта жашаган түркүттөр жапа
тарткан. Алар өздөрүнүн артыкчылык абалынан ажыраган жана бийлик үлүшү азайган.
Бирок алардан тышкары ок албаган уруу жолбашчылары да нааразы болуп калышкан, ал
эми мындай уруу жолбашчылары түндүк жана жуңгар урууларынын арасында бир кыйла
көп эле. Тандалмалардын катарына карлуктар, йагмалар17, кыпчактар18, басмылдар ошондой эле хуннулардын тукумдары — чуюе, чуми жана шато20 уруулары кирбей калган.
Шатолордун өзгөчө көңүлү ооруп калган, себеби аларга туушкан чумугундар жана
чубандар артыкчылык берилген уруулардын катарына киришкен. 633-жылы Ыш-бара
Толис шад-хан алардын жолбашчысынан бийликти тартып алууну ойлогондо, бул уруулар
чыгышка көчүп кетишип, Баркөлдүн боюндагы шато талаасында лагер куруп, император
Тайцзунга өздөрүн букаралыкка кабыл алууну сунуш кылышкан. Бирок ошол убакта
чыгыш Теңир-Тоодо түзүлгөн татаал саясий жагдай бул урууларды жана алардын
жолбашчыларын21 башка жол менен кетүүгө азгырды.
Ошол убакта Чыгыш Түркстандагы саясий абал өтө курч жана оор болгон. 20-
жылдарда эле кулатылган Суй династиясынын тарапкерлери болгон кытайлар түркүттөргө
качып барып, алардын жардамы менен Тан династиясына каршы күрөштү улантууга
үмүттөнүшкөн. Жогоруда айтылып кеткендей, Кат Ильхан талкалангандан кийин
Тайцзундун талабы боюнча 80 миң кытай эмигранттары Кытайга кайтарылган болучу22
,
бирок Тан өкмөтүнүн ашынган душмандары Гаочанга (Турпан) качып кетип, анын
өкүмдары Кюй Вэнь-тай23 тарабынан кабыл алынган.
Гаочан династиясынын теги кытай болгон, бирок илгертен эле түркүт хандары менен
туугандашып келген. Гаочандык өкүмдарлар өзүнүн кичинекей мамлекетин талап-
тоноодон сактап калуу үчүн Кытай менен да, Батыш кагандыгы менен да мамиле түзүүгө
аргасыз болушкан. Бирок алар 630-жылга чейин Суй жана Тан династиялары менен эң
сонун мамиледе болушкан, бирок Тайцзун өзүнүн империясын түзүүгө киришер замат эле
салт болуп калган достук бузулган.
Кюй Вэнь-тайдын жаңы кытай өкмөтүнө нааразы болушунун бардык негиздери
болгон. Гаочандын карамагында турган Иву (Хами) хандыгы 630-жылы Кытайдын
союздашы болуп калган24. Кюй Вэнь-тай жардам сурап Батыш кагандыгына кайрылган,
ошентип, 631-жылы Сы-жабгу25 ага жардамга келген. Союздаштар Хамини талкалап,
император дипломатиялык жемелөө менен чектелүүгө аргасыз болгон, буга гаочан ханы
көңүл бурган эмес.
Кюй Вэнь-тайдын Сы-жабгу менен достугу Гаочандын бул шаарга жек көрүнгөн хандар
Нишу менен Ышбара Толис-шад таянган Карашаар менен мамилелеринин курчушун
туудурган. 632-жылы карашаардык лу 26 Тукичжи 27 жана Хотандын падышасы Уми28
Гаочандын да атаандаштары болуу менен Кытай менен союзга кирген. Гаочан үчүн
кирешенин өтө маанилүү булактарынын бири ал аркылуу өткөн кербен жолу болгон.
Батыштагы Пайкент сыяктуу Гаочан чыгыштагы жүк алмаштыруу пункту болгон. Гаочандын
бошоңдошун каалап, Тукичжи Карашаар аркылуу Гаочанды айланып өткөн жаңы жолду
өткөрүүнү Тайцзунга сунуш кылган. Тайцзун буга макул болгон. Бул пландын аткарылышы
Чыгыш Түркстандагы экономикалык жана саясий жактан артыкчылыкты жоготуп коюу
жагынан Гаочанга коркунуч туудурган, ошентип Вэнь-тай түркүттөр менен бирге 632-жылы
Карашаар областын талап-тоноп кеткен. Тукичжи даттанып Кытайга кайрылган.
Тайцзун түшүнүк сурап Кюй Вэнь-тайды чакырган, бирок ал келүүдөн баш тарткан. Ап
көп сандаган аскерлер жабдууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан Гаочанды Кытайдан бөлүп
турган чөл аркылуу өтө албайт, ал эми 30 миң адамга чейинки чакан армияга күчүм жетет
деп ойлогон29. Карашаардын өкүмдары Кытайдан жардам келеринен үмүттөнбөй Ышбара
Толис-шад хан менен союз түзгөн. Чуюе жана чуми уруулары Гаочан менен союзга кирип,
Карашаар областын30 биргелешип талкалашы жетиштүү болгон (638-жыл). Бул жеңишке
шыктанган чуюе жана чумилер нушибилер менен күрөштү кайра баштоо үчүн мекенин
карай жөнөгөн. Алардын башында бир кыйла сыйлык үчүн Вэнь-тай менен тыгыз союзга31
кирген Юкук-шад32 турган.
Төңкөрүш. Ышбара Толис-шад бардыгы менен бирдей33 жакшы болууну каалаган,
бирок эч ким менен андай мамиледе боло албады. Бектердин өз бетинчелиги
түркүттөрдүн катуу колунан жеңил болбой чыкты. Эл бардыгы үчүн ханды айыптады жана
аны колдобой калды34. Ошондо таарынган батыш түркүттөрү баш көтөрө баштады. 638-
жылы кышында Тун-тудун35 кутумдун башына туруп, хандын ордосуна күтүлбөгөн жерден
кол салууну уюштурган. Хандын айланасындагы аскер башчылары аны таштап туш-тушка
качты. Кыязы, алар козголоңчуларга жан тартышса керек. Ышбара Толис-шад жүздөй
ишенимдүү жоокерлери менен качып чыгып, бирок эч жерден колдоого ээ болбой, Бөрү-
шаддын иниси, закавказьелик армиянын мурунку командачысынын коштоосу менен
өзүнүн досу, Карашаардын өкүмдарына качып кетти.
Тун-тудун уруу аксакалдарын36 чакырып, аларга бош турган такка Юкук- шадды
чакырууну сунуш кылды. Батыш түркүттөрү Ашина тукумунан кайраттуу ханзааданы
хандыкка көтөрүү менен өздөрүнүн үстөмдүгүн калыбына келтирүүнү каалады, бирок бул
жергиликтүү жолбашчыларга дегеле жакпады. Ассык Күл-сыгин — нушиби союзунун
башчысы — кыязы, оппозицияга башчылык кылса керек жана Юкукту улуу хандыкка, ал
эми Ышбараны кичүү хандыкка коюуну сунуш кылган окшойт. Бирок бул чыр-чатактын
убагында Тун-тудун өлтүрүлүп, ал эми такка отуруу үчүн батышты карай жылып бараткан
Юкук-шад аскердик күч менен токтотулуп, артка чегиндирилген. Ал бул үчүн Карашаарды
талкалоо менен жооп берген37. Ышбара Толис-шад өз өлкөсүнө кайтып, аны нушибилер
кубануу менен кабыл алышкан, бирок түркүттөрдун "батыш уруулары" 38 кайрадан Юкук-
шадцы чакырышты. Алар ага "Ирбис Дулу хан" деген ардактуу наам алып келишкен,
кыязы, өздөрүнүн тарабына дулу уруусун тартууга умтулушкан окшойт.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 10:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Талапкерлердин ортосунда согуш өтө кандуу болгон, бирок күчтөр бирдей эмес эле,
ошентип Иле дарыясында атаандаштар тынчтык келишимин түзүп, буга ылайык Иле
дарыясы алардын ээликтеринин чек арасы болуп калган. Бирок тынчтык бекем эмес эле.
Ошол эле жылы Ышбарага каршы, Юкук-шадды колдоп кутум уюштурулган.
Кутумчулардын титулдары "тудундар" жана "сылефа" 39, т.а. түркүттөрдүн чиндик ак
сөөктөрүнүн титулдары болгон. Террор менен биротоло коркутулган Ышбара Толис-шад
Ферганага качып кетип, ал жерде 639-жылы декабрда каза болгон 40 . Нушибилик
жолбашчылар өлгөндүн уулу Иль-күлүг-шад Ирбисти41 хандыкка көтөрүшкөн, бирок ал
бир жыл өткөндөн кийин өлүп, анын аталаш бир тууганы Багадур хан болуп калып, Ирбис
Ышбара жабгу-хан42 деген титул алган.
Жаңы хан айрым тартипти киргизди. Ага Куча, Шаньшань (Лобнордон түштүккө
карай), Гюймо (Хотандан чыгышка карай), Тохарстан, Карашаар, Шаш (Ташкент), Кеш, Хэ (
Зеравшан өрөөнүндө), Амуль жана Кан (Самарканд) 43 баш ийген. Мына ошентип,
түркүттөрдүн реакциясына каршы күрөшкө отурукташкан хандыктардын баары жана
кербен соодасы менен байланыштуу болгон көпөстөр чыккан. Алардын көбү дулу
урууларынан адамдары, атап айтканда, Чүй жана Иле дарыяларынын ортосунда
жашагандар болуп чыкты. Алардын жергесине өзүнүн көчмөн борборун Ирбис Ышбара
жабгу-хан негиздеп, аны "түштүк ордо" деп атаган. Тайцзун аны мыйзамдуу хан деп
таанып, тынчтык келишимин түзүүгө жана аймакты бөлүүгө макул кылуу үчүн Юкукка
дипломатиялык кысым жасап көрдү, бирок мындан ийгилик чыкпады. Тынчтык
келишиминин түзүлүшү мүмкүн эмес эле, анткени Юкуктун айланасына талаанын Кытайга
жана империяга каршы бардык күчтөрү топтолгон болучу. Алар өздөрүнүн жеңилгенине
али ишенишкен эмес, бир канча жеңиштерден кийин алар каардуу Түркүт кагандыгын
калыбына келтирип, 'Теңирдин Уулу жана башкалар менен теңеле алабыз"44 дегендей
көрүнгөн эле. Чынында эле алардын жолу болду. Түштүк ханы туткунга түшүп, 641-
жылдын май айында өлүм жазасына тартылган45
.
Реставрациялоого аракет. Юкук бириктирүүчү хандардын тукуму болгон. 641-жылга
карата анын бийлиги Иле дарыясынан Сибирдин тайгасына чейин таркаган, ага
Жуңгариядагы басмылдар46, Алтайдагы кыпчактар47, Миң-Өзөн өрөөнүндөгү кыргыздар,
Эне-Сайдагы бомалар48 жана түштүк Тарбагатайдагы чумугундар баш ийген. Жети-Суунун
түштүгүндөгү айыгышкан согуштарга жык толгон, чуюе жана чумилерден турган Юкуктун
чакан күчүнүн колун байлаган үч жылдын ичинде бул күчтүү, көп сандаган жана жоокер
элдер жеңилип калышын көзгө элестетүү мүмкүн эмес. Арийне, биз бул жерден Тан
империясынын өсүшүнүн түздөн-түз коркунучунун жана анын басып алуу саясатына
өтүшүнүн алдында көчмөн уруулардын баш кошуу процессин көрүп турабыз.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 10:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Чумугундардан башка бул бардык уруулар он жебелүү түрктөрдүн тутумуна кирген эмес,
бирок бомалардан башкалардын баары бир убакта түркүт хандарынын букаралары
болгон. Мына ошентип алар, бир жагынан, салт-санаалардын күчү, экинчи жагынан,
Согдиананын бай шаарларын талап алуу максаты тарткан карышкыр баштуу туу астына
кайрадан чогулуп келишти. Бирок ал жерде аларды кандай тагдыр күтүп тургандыгын эң
сонун түшүнүшкөн. Нушиби уруусу ханын жоготкону менен баштарын жоготкон эмес.
Алар айыгышкан салгылашууну уланта беришти. Юкук өзүнүн аскерлери менен бүткүл
өлкөнү каптап өтүп, өзүнө Тохарстанды48 баш ийдирди, бирок батышта Согдиана жана
чыгышта Ысык- Көлдүн айланасындагы тоолор анын бийлигинин сыртында калды.
642-жылы 49 Юкук чуюе менен чумилерден турган өзүнүн аскерлерин Хамиге
жортуулга жиберди, бирок императордун туруктуу атчандарынын эки миндик отряды
аларды талкалап гана салбастан, өз аймагына чейин кууп барышты, мында чумилер
өзгөчө катуу жапа тартышты50. Кыязы, Юкуктун өзү бул жортуулга катышкан эмес окшойт.
Ал "бириккен күчтөр" 51 менен Самаркандга жана Маймургка 52 сокку уруп, бул бай
шаарларды талкалады. Бирок салтанаттын туу чокусуна келгенде Юкуктун бактысы
колдон учту. Зомбулук жана ач көздүк аларды дулу урууларынын жолбашчылары менен
чатакташууга алып келди, анткени алар Юкук тийиштүүдөн ашык олжо алып жатат деп
эсептешкен.
Юкук тартипсиздикти кескин токтотмок болуп, коркутуу үчүн бул тартипсиздиктин
баштоочусу Нишу-чурду өлүмгө буйруду (чур — дулу бөлүмүнүн жолбашчысынын титулу).
Буга жооп иретинде дулулардын аскердик көтөрүлүшү башталып, Юкуктун ага күчү
жетпеди, себеби анын олжодон куру калган шакирттери туш-тушка качты. Мурда аны
чакырган батыш төбөлдөрү утулгандыгын көрүп, ага чыгышка өзүнүн илгертен берки
ээликтерине кайтып келүүгө кеңеш беришти. Бирок Юкук үчүн бул мүмкүн эмес эле,
анткени анын башкы таянычы Гаочан 640-жылы кытай аскерлери тарабынан алынган
болучу. Юкук батыш жакка, жаңыдан эле баш ийдирилген Тохарстанга өтүп кетмей болду,
ал аны өзү үчүн коопсуз баш калкалоочу жай деп эсептеген. Бирок анын акыркы
тарапкерлери аны ээрчүүдөн баш тартышты. Юкук өзүнүн түркүт дружинасы менен гана
калды53. Ал бөлүнүп кеткендерди кайта келүүгө макулдатууга аракет кылды, бирок өзүнүн
душмандарынын — нушибилердин кокустан кол салуусуна дуушар болуп, талкалангандан
кийин Байшунху шаарына (Исфиджаб, Чымкенттен бир аз чыгыш жакта 54 ) барып
жашынды.
Нушибилер Кытайдыи колдоосуна таянып дароо өз хандыгына Ышбара Толис-
шаддын небереси Ирбис Шэгуй ханды55 коюшту. Мурда кармалган кытайлардын баары
үйлөрүнө кайтып келүүгө уруксат алышты. Кытайга алман жана нике жөнүндө өтүнүч
жиберилди. Согдиана менен Кытайдын салт болуп калган союзу үзүлгөн жок. Нушибилик
аскерлер Юкукту Байшунхуда курчоого алышты, бирок түркүттөр али жоокердик эрдигин
жогото элек эле. Юкуктун соотчон жоокерлери добулбастын жана сурнайдын музыкасы
астында чабуулга кирип, нушибилер кайра качты. Алардын көпчүлүгү кылычтап өлтүрүлүп,
туткунга алынды.
Юкук өзүнүн эски союздаштары дулуларга кайра келүү чакырыгы менен кайрылды,
бирок беркилер: "Согушта миңдеген адамды өлтүрүп өзү жалгыз калса да, ага
кошулбайбыз" 56
, — деп чечкиндүүлүк менен билдиришти. Эли каршы чыккан өлкөдө
кармалып туруунун мүмкүн эместигин көрүп, Юкук өз дружинасынын калдыктары менен
Аму-Дарыянын сол жээгине, Тохарстанга кетип калды. Ал бул жерден Тун жабгу-хандын57
мезгилинен тартып Кундузда отурукташып калган түркүттөрдөн колдоо тапты. Алардын
Ышбара-жабгу деген титул алып жүргөн башчысы, кыязы, өзүнүн тууганын меймандостук
менен батырып алган окшойт. Юкук 653-жылы58 өлүп, ордосун өзүнүн уулу Женчуга59 —
Ашина тукумунун акыркы ханына калтырган. Биз аны түрк ханы деп атоого укугубуз бар.
Тынчуу. Батыш түрктөр түркүттөрдүн коркунучун жоёр замат нушибилер менен
дулулардын ортосундагы эски кастык дароо жанданды. Нушибилер биринчи орунду
ээлөөгө акысы бар эле: тынымсыз согуштарда алар он уруунун эркиндигин коргоп
калышкан, ал эми дулулар өз тагдырын дайыма зулум менен байланыштырып, аны
акыркы учурда гана таштап кетишкен. Бирок дулулар өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн дегеле
жаза тарткысы келген эмес. Император Тайцзун нушиби ханын колдоп турганча аларга
түзүлгөн абалга чыдоого туура келген, бирок бул достукта жарака пайда болору менен
алар учурдан дароо пайдаланышты. 646-жылы Ирбис Шэгуй хан Тан ордосунун ханышасы
менен никеге туруу аркылуу союзду чыңдоо үчүн Чанъянга элчилик жиберген. Бирок
император ханыша үчүн беш шаарды: Кучаны, Хотанды, Кашкарды, Чжуюобону
(Жаркенттен түштүк жакта) жана Цунлинди (ошол эле жерде) талап кылган. Бул шаарлар
мурда империянын бийлиги астында болуп көргөн: Куча 630-жылы, Хотан 632-жылы,
Кашкар менен Жаркент 635-жылы болгон, бирок кийин бөлүнүп, батыш ханынын
букаралыгына кайтып келишкен. Бул талап обу жоктук эле, ошондуктан хан
сүйлөшүүлөрдү токтотуп, аны менен бирге союз да бузулган. Мына ушул жерде кайрадан
дулулар майданга чыга келди. Бул кыймылдын мүнөзү дулулар шайлап алган
жолбашчынын жеке сапаттарынан өзгөчө айкын көрүнөт. Бул батыш Ашина уруусунан
чыккан ханзаада, Бөрү-шаддын уулу жана Истеми хандын60 тукуму болгон. Узурпациянын
убагында ал Юкукка кошулуп, андан жабгу деген чин жана бүткүл чыгыш аймактарынын
көзөмөлдөөчүсү кызматын алган. Анын жеке ысмы сакталбай калган; ал тарыхта Халлыг61
деген каймана ат менен калган. Ага мансапка жетишүүгө анын аталаш бир туугандары
Мише жана Бучжень62 жардам беришкен. Алар бири-бирин жек көрүшкөн. Ошондуктан
Бучжень бузукулук менен чуюе уруусунун башчысы Мишени Кытайга качууга
мажбурлаган. Андан кийин Бучжень Юкуктун абалын үмүтсүз деп эсептеп, ага
чыккынчылык кылып, Империяга өтүп кеткен. Бирок ал жаңылышты: Юкук өз душмандарын жеңип, дулунун жолбашчылыгынын "бош кызматына" ханзаада Халлыг
чакырылган болучу.
Юкук качып кеткенден кийин Ашина Халлыг өтө оор абалда калган63. Ирбис Шэгуй хан
аскерлерди жиберип, анын ордосун тараткандан кийин өзү талаага барып жашырынган.
Бул жерде аны дулулардын үч жолбашчысы колдоп, хандан аны кечирүүнү өтүнүштү.
Ачууланган хан жөнү жок жактоочуларды өлүмгө буюргусу келди. Буга да негиздер бар
экендигин айтуу керек. Чынында эле Ашина Халлыг нааразы болгон дулуларга башчылык
кылуу үчүн бардык маалыматтары боюнча өтө ылайыктуу адам болгон. Анын Ашинанын
жергиликтүү бутагына таандык болгондугу ага кадыр-баркты гарантиялаган; ошону менен
бирге анын өзү Юкук менен байланышы үчүн жетиштүү жаманаттуу болгон, ошондуктан
ал мындай байланыштар үчүн кол алдындагыларды жемелейт деп чочулоого болбойт
эле. Анын жеке сапаттары — эрдиги, кайраттуулугу, иш билгилиги хан үчүн коркунучтуу
атаандаш жана дулу уруусу үчүн ойдогудай жолбашчы кылды. Үч жолбашчы өздөрүнүн
өтүнүчүнөн эчтеке чыкпасын көрүп, хандын жемесинен көрө козголоңду артык көрүштү
жана жаман көрүнүп калган ханзаада менен бирге чыгышка карай көчүп кетип, ал жерде
648-жылы Тан империясына карап берди64. Бул Батыш кагандыкты кыйроого алып келген
жаңы дүрбөлөңдүн өзөгү болгон. Бирок түркүттөрдүн кайгысынын бешинчи бөлүгү
жөнүндө айтуудан мурда чыгышка кайрылалы, ал жерде өткөн жыйырма жылдын ичинде
Азиянын саясий картасын жүз жылга өзгөрткөн окуялар болуп өттү.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 10:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТАБГАЧ ХАНЫ
Бир кадам артка. 631-жылы император Тайцзун бүткүл Улуу талаанын ээси болуп
турганда, эгер ал кааласа, Батыш кагандыктагы дүрбөлөңдөн пайдаланып, бүткүл Азиянын
гегомону болуп калат эле. Бирок бул эң сонун полководец акылман саясатчы да болгон,
ошондуктан кармап туруу кыйын болгондуктан өлкөлөрдү басып алуунун кажети жок деп
эсептеди.
Талаада талкаланган түркүттөрдөн башка көп сандаган жоокер элдер жашаган эле:
батышта 70 миң түтүн сеянто1
түндүк-чыгышта 100 миң уйгур2 жашачу. Абалга баа берип
келип, Тайцзун мындай деп билдирген: "Биз алардын баарын кырып сала албаган соң
бизде нике саясатынан башка арга калган жок"3
. Ошентип ал өзүнүн аскерлерин Гоби
чөлүнүн түштүк тарабына тартып кетип, көчмөндөргө өз тагдырын өздөрү чечүү
мүмкүнчүлүгүн берди. Ошентип алар дароо эле өз ара тытыша баштады. Уйгурлардын
жолбашчысы Тумиду — Пусанын мурасчысы сеянтолорду талкалап, алардын көчүп
жүргөн жайларын ээлеп алды. Сеянто "уруу аксакалдары коркконунан туш-тушка чилдей
тарады"4
, ал эми он бир теле уруусунун жолбашчылары өздөрүнүн хандыгын таануу
жөнүндө өтүнүч менен Кытайга келишти. Император аларга чапан кийгизип, кылычтарды
белекке берип, чиндерди ыйгарып, мас болгончо шарапка тойгузган жана ошол эле
убакта сеянто жолбашчысы Инанга грамота, добулбас жана туу менен элчини жөнөткөн.
Бул аны хан катары таануу дегендик эле5
. Кыязы, сеянтолордун жогорулашына караганда
уйгурлардын күчөп кетиши ага азыраак жакса керек.
Талаадагы абал дароо өзгөрдү: уйгурлар согушту токтотуп, жаңы ханга баш ийип
беришти. Сеянто дөөлөтү Алтайдан тартып Хинганга чейин, Гоби чөлүнөн тартып Байкалга
чейин созулуп жаткан6
. Ал түркүттөрдүн үлгүсү боюнча түзүлгөн болучу. Инандын уулдары
"шад" деген наам алышып, төлөс жана тардуш уруу бөлүмдөрүнүн башында туруп
калышты, алардын бир гана айырмасы, төлөс эли түндүк жакка, ал эми тардуштар түштүк
жакка жайгашып калды. Аскерлердин санын кытайлар 200 миң найза деп аныкташкан;
түркүттөрдө Шибир хандын убагында миллион деп көрсөтүлгөн 7
. Бирок сеянто
хандыгынан түркүт хандыгы бир кыйла алсыз болсо да ал аны менен тартышып көрүүгө
аракет кылып, түркүт хандарынын баарын ийгиликтүү баса алган. Мында айырмачылыкты
Кат Иль-ханга берилгендикти сактап калуу менен, 630-жылы Кытайга баш ийип берген
жана Ордоско отурукташтырган түркүттөр гана түзгөн. 639-жылы алардын үстүнөн
хандыкка Ашина Сымо дайындалган, ал өзүнүн саясий ролу менен эмес, эң сонун жеке
сапаты менен көзгө көрүнөрлүк адам болгон. Ал "кебете-кешпири жагынан Батыш
аймакта жашагандарга окшош болгондуктан, никесиз төрөлгөн деген шектенүүнү
туудуруп, ошонун натыйжасында жогорку чиндерге көтөрүлүүгө ал үчүн жол жабык
болгондугуна карабастан, жаратылышынан мүнөзү курч, чынчыл жана ишенимдүү адам
болгон"8
. Аны эки улуу хан — Сибир менен Чуло жакшы көрүшкөн. Кат Иль-ханды достору
жана шакирттери таштап кеткенде Сымо акыр-аягына чейин аны менен бирге болуп, кошо
туткунга түшкөн.
Тайцзун берилгендикти баалай билген: ал Сымого дайыма толук ишенген жана аны
алдаган эмес.
Бирок хандын ишенимине жетишүүгө мүмкүн болгону менен элдин жактыруусун
сатып алуу анчалык оңой эмес. Сымо Ордосто үч жыл жашады, бирок элди өз тарабына
тарта албады. Тескерисинче, анын букараларынын көбү түндүккө кетип калды9
. Ал түгүл
гвардиянын катарына катталган түркүттөргө да ишенүүгө мүмкүн эмес эле. Төлөс хандын
иниси Гешешуай10 639-жылы кутум уюштурган. Анын максаты кытайлардан түркүттөрдүн
тагынын мурасчысы Хелохуну — Төлөс хандын уулун уурдап алуу, андан кийин түндүк
жакка барып, күрөштү улантуу болгон. Бирок кытай лагерине күтүлбөстөн кол салуу
ордунан чыккан жок. Хелоху качууга аракет кылганда өлтүрүлүп, ал эми Гешешуай тоого
качып кутулган11
.
Бул жаңжал кытай чиновниктерине түрктөрдүн баарын ишенимсиз эл катары
Кытайдын чегинен чыгарып жиберүүнүн зарылчылыгы жөнүндө императорго кайрадан
сунуш киргизүүгө негиз берген. Буга каршылык кылууга болбой калып, император макул
болууга аргасыз болгон. Бирок ал өзүнүн көчмөн букараларын таарынтпоонун гана эмес,
аларды өзүнө дагы көбүрөөк жакындатуунун жолун тапты. Ал өзүнө Сымо ханды чакырып
алып, ага өз эли менен кошо Хуанхэнин түндүк жээгине көчүп барууга, ал жерде Гобиден
тартып түштүккө карай кеткен талааны көчүп-конуп жүрүү үчүн ээлеп алууга мүмкүндүк
берген.
Муну менен ал үч максатка жетишкен: "жайыты кенен, кыртышы эң мыкты"12 өлкөнү
ага белекке берүү менен элди өзүнө жакындатты; түркүттөрдү жаратылышынан душман
катары караган сеянтого каршы бөгөт түздү; чет өлкөлөргө жортуулдар үчүн өзүнө зарыл
болгон эң сонун атчан аскерлерди өз карамагына алды. Жер которуштуруу 641-жылы
аяктаган, бирок көпчүлүк түркүттөр өздөрүнүн жеңип алуучуларына кызмат өтөөнү
каалабай түндүк жакка көчүп кетишкен. Ал эми калгандары Тан ордосун өздөрүнүн
эрдиктери менен мурда Азияда болуп көрбөгөндөй даңкка бөлөгөн.
Табгач ханы. Суй династиясын кулатуу жана "адилеттүү согуш" кытай элине
ушунчалык кымбатка тургандыктан тышкы жеңип алуулар үчүн андан каражат өндүрүп
алуу мүмкүн болбоду. Ал эми чет өлкөлөрдөгү активдүү саясаттан баш тартуу өлүмгө алып
келер эле, анткени бул династиянын душмандары демилгени өз колдоруна алып,
ыңгайлуу учурда Кытайга каптап кирип келишет дегендик эле. Талаадагы согушту талаа
адамдары гана ийгиликтүү жүргүзө алмак, ошондуктан алардын ниетинин актыгы Тан
императору үчүн турмуштун жана жыргалчылыктын өбөлгөсү болгон. Полководецтин
жана мамлекеттик ишмердин талантынын аркасында ал варвар жолбашчылар жана
хандар менен жалпы тил табыша алган. Императордун адилеттүүлүгүнүн жана
айкөлдүгүнүн аркасында гана беркилер ак ниети менен калыс кызмат өтөшкөн. Мурда
алар өздөрүн Кытайда келгиндер, жалданмалар катары сезип, араң чыдап жашап
келишсе, эми алар императордун достору жана жакын адамдары болуп калышкан,
ошондуктан анын бардык иштерине жигердүүлүк менен катышкан; ал түгүл ал Кореяга
жортуулдун убагында жебеден жарадар болгон Сымо хандын жаратын өзү соруп
дарылаган13
.
Кытайдын дээрлик жарым бөлүгүн бүлгүнгө учураткан Кат Иль-ханга кечирим
берилген; анысы аз келгенсип ага бүт үй-бүлөсүн кайтарып берип, эркин жашоого
мүмкүндүк берген, эми ал кайгыга чөгүп, арыктай баштаганы байкалганда ага көңүл ачып
оңолуп кетсин үчүн багыштарга жана бугуларга аңчылык кылуучу жакшы жайы бар Хучжоу
областынын өкүмдарынын чини сунуш кылынган14. Тайцзун ушактардын жана жаманатты
кылуунун системасын: "Падыша эч кимден шектенбөөгө тийиш"15
, — деп айтуу менен
токтоткон. Императордун мүрзөсүндө Ашина Шэнинин өз өмүрүн кыйгысы келгендиги
көчмөн союздарына берилгендигинин мүнөздүү мисалы катары кызмат кылат16
.
Бирок императордун достук саясаты мамлекеттик кеңештин кээ бир мүчөлөрүнүн
олуттуу карама-каршы аракетине туш болгон, алар көчмөндөрдү толук кырып жок кылуу
үчүн алардын начарлашынан пайдаланууну сунуш кылышкан, бирок Тайцзун сановник
Вэнь Ян-бо: "Узун чылбыр бекем ооздуктоонун чарасы"17
,— деп айткандай, таптакыр
карама-каршы көз карашта болгон.
Тайцзундун убагында кабыл алынган жат аймактарды бара-бара кошуп алуунун
системасы төмөндөгүдөй болгон. Чет өлкөлүк өкүмдар империялык протекторатты
"сылап-сыйпап" кабыл алууга көндүрүлгөн, андан кийин анын ээлеген жерлери
"киргизилген" областтын аталышы менен аталып, ага адегенде номиналдуу, андан кийин
жогорку рангадагы чиновникке баш ийдирүү менен кытай чини берилген. Бул кызмат
орду адегенде мурас боюнча өтүп, бара-бара ал орунга дайындалууга жергиликтүү
аристократияга артыкчылык укугу берилген. Андан кийинки стадияда бул өзүн-өзү
башкаруунун түрү жоголуп, "тартылган" область жалпы негизде империянын тутумуна
кирген18. Тайцзун тирүү турганда бул система эң сонун натыйжаларды берген.
Тогондун тагдыры. Жаңыдан түзүлгөн аскердик машинанын биринчи курмандыгы
кичинекей баш ийбеген Тогон болуп калды. Түркүттөр менен болгон акыркы согуштун
каардуу мезгилинде тогондор империянын батыш чегине кол салууларын токтотушкан
жок. Кытай аскерлери коргонуу менен гана чектелип, алардын катарында шамдагай
кибилер жана таш боор дан-сяндар пайда болору менен эле алар каршы жортуулдар
менен жооп берип, тогондордун көптөгөн малын айдап кетишкен19
.
634-жылы дансяндар жана көчмөн тибеттик-кяндар кытайларга каршы көтөрүлүш
чыгарып, тогондор менен биригип кетишкен. Аларга каршы түркүттөрдөн жана
кибилерден турган атчандар жиберилип, алар 635-жылы тогондорду толук талкалашкан.
Тогон падышасы, жетимиш жаштагы Фуюнь Хотанга качып кеткен. Артынан кууп
келатканда ал туткунга түнгүп берүүдөн көрө өзүн-өзү өлтүрүүнү артык көргөн. Анын
мурасчысы, Чанъянда барымтада көптөн бери жашап келген Муюн Шун Кытайга жан
тартып кетет деп шектенген өзүнүн букаралары тарабынан өлтүрүлөт. Атайын жиберилген
императордук армия такка анын наристе уулу Нохэбону отургузган. Ал империянын
марионеткасы болуп калган да, 640-жылы ханыша деп салтанаттуу аталган Кытай
каныкесин аялдыкка алган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 10:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бейкуттуктун келиши жана Кытай товарларынын көптүгү, кыязы, тогондорго жагып
калган окшойт, ошондуктан 641-жылы төбөлдөрдүн бири кутум уюштуруп, Тибет менен
союзга кирүүгө ниеттенгенде алар империя менен союзду коргоп чыгышкан хандардын
чечкиндүү каршылыгына туш болгон20. Мунун өзү Тогонго жыйырма жыл бейкут турмуш
берген.
Тогон үчүн жана Тан империясынын өзү үчүн коркунуч батыштан келип чыкты.
Брахмапутра улуу дарыясынын орто жана жогорку агымында отурукташкан түштүк
тибеттик уруулар — боталар — VII к. биригишип, кубаттуу аскердик дөөлөттү түзүшкөн.
634-жылы цэнпо деген титул алган Тибет мамлекетинин башчысы Сронцангамбо империя
менен мамиле түзүү үчүн Кытайга элчилик жиберген. Элчилик суз кабыл алынып,
тибеттиктер муну тогондордун бузукулугу деп эсептешип, ошол убакта ички араздашуу
абалында турган Тогонго согуш башташты. Тибеттиктер эч кыйынчылыксыз эле Нохэ-бону
Хуанхэнин21 жогорку агымында талкалашты. Нохэбо аялы жана бир канча миңдеген
тарапкерлери менен 663-жылы Лянчжоу областына качып кеткен. Ушуну менен Тогондун
көз каранды эмес жашоосу бүткөн.
Нохэбо 688-жылы өлүп, анын тукумдары дагы жүз жыл бою хан деп эсептелген22
.
Бирок чыныгы бийлиги да, аймагы да болбостон, түркүттөр жана Тан империясынын
башка көчмөн букаралары сыяктуу эле империялык аскерлерде кызмат өтөшкөн.
Гаочандын күнүнүн бүтүшү. Мурда айтылып кеткендей, Тан династиясынын бардык
душмандарынын тартылуучу борбору Гаочан болуп калган. Ал жакка Кытайдан чыккан
саясий эмигранттар, Суй династиясынын тарапкерлери агылып келген23. Кытайга баш
ийип берүүнүн ар кандай формасын четке каккан24, түрктөр менен аралашкан көчмөн
уруулар ага таянышкан. Кытайлардыкына окшош товарларды чыгарган, ошондуктан
алардын табигый атаандаштары болгон жергиликтүү тургундар 25 болуп жаткан
өзгөрүштөрдү эске албастан, чөл алардын көз каранды эместигин сактап калат деп
болжошкон26. Алардын үмүтү Кореяда мамлекеттик төңкөрүш бышып жетилип, татаал
кыйынчылыктардын коркунучу туулган жана кийин чынында эле 645-жылы согушту
туудурган чыгыштагы, ошондой эле жаңы Тибет мамлекети менен согуш токтобой жаткан
батыштагы империянын тышкы абалы оор бойдон кала бергендиги менен ого бетер
чыңдалган. Бирок гаочандык князь жана анын кеңешчилери жаңы кырдаалды эске
алышкан эмес. Батышка Кытай жөө аскерин жиберүү чынында эле ордунан чыкпас аракет
болгон, бирок 636-жылдан тартып империянын кызматына түркүт ханзаадасы Шэни өз
отряды менен кирген жана 632-жылдан тартып Хэсиге телелердин жоокер киби уруусу
көчүп келип, алардын жолбашчысы Киби Хэли да император Тайцзундун эң жакын
досторунун бири болуп калган. Бул атчандар үчүн чөлдөгү жол жүрүүлөр коркунучсуз
болгон .
Юкукка багыт алуу гаочандыктарга зыян гана алып келди, анткени түркүттөрдүн
душманы сеянто ханы Гаочанга каршы жүрүштүн даярдалып жаткандыгын угуп, союзду
жана чөл аркылуу өтүү үчүн жол көрсөткүчтөрдүн отрядын сунуш кылды27. Тайцзун 630-
жылы түшүнүк берүү үчүн ага келип кетүүнү Гаочандын князы Вэнь-тайга дагы бир жолу
сунуш кылды, бирок ал андан баш тартып, жүрүштүн болушу чечилди.
640-жылы Кытай менен көчмөндөрдүн офицерлеринин бириккен командалыгы
астында бир канча он миңдеген түркүт жана киби атчандарынын отряды талаа аркылуу
өтүп, гүлдөгөн Люкчун өрөөнүнө келип кирди. Вэнь-тай кайгыдан ооруп калып, дүйнөдөн
өтүп кетти, бирок гачочандыктар анын уулун такка отургузуп, каршылык көрсөтүүгө
даярдана баштады. Адегенде империялыктар кытай эмигранттары жашап жаткан шаарды
курчоого алышты. Киби Хэли катуу штурмалоодон кийин чепке жулунуп кирип келгенде
шаардын 7 миң тургуну жеңүүчүгө багынып берди. Андан кийин империялык аскерлер
борборго жакын келип, чептин айланасындагы аңдарды топуракка толтуруп, камалоо
куралдары менен шаарга таш жаадыра баштады. Жаш хан империялык лагерге келип, эч
шартсыз баш ийип берүүнү кабыл алууну жалынып сурады, бирок башкы командачы
камалоого буйрук берип, акыры Гаочан кулады.
Империялык армия гаочандык чепти өтө тез ыкчамдык менен алгандыгы жергиликтүү
тургундарда зор пикир туудурду. Жыйырма эки шаар согушсуз багынып берди; камалап
жаткандардын артынан сокку уруу үчүн түштүк Жуңгарияда турган атчандары менен бирге
жабгу империялыктардын тарабына өтүп кетти. Бул "чындыкка умтулган" Бучжендин өзү
эле, ал адегенде бузукулук менен өзүнүн бир тууганын качып кетүүгө мажбурлап, андан
кийин ойлонуп отурбастан эле Юукукка чыккынчылык кылган. Ал империялыктарга Беш-
Балык чебин өткөрүп берген. Ал жерге кытайлар дароо Тинчжоу аскер округун дароо
уюштуруп, ал Батыш аймактагы таяныч болуп калган.
Гаочандын тургундары кечирим алышкан; "күчтүү үйлөр" гана ички Кытайга
көчүрүлгөн. Гаочандар Карашаардан басып алган шаарлар кайтарылып берилип,
карашаардык туткундар бошотулган28. Тайцзун өзүнүн кытайлык жан- жөкөрлөрүнүн29
кеңешине карабастан, жеңип алынган жерлерге Сичжоу аскер округун түзүп, ал жерге
акимди дайындаган жана түрмөдө отуруу аскердик кызмат менен алмаштырылган
миңдеген кылмышкерлерден турган гарнизонду жайгаштырган.
Сеянтолорду жазалоо. Сеянто ханы Инандын император Тайцзун менен достугу
талаанын "узун кулагы" Хуанхэден түндүк жакта түркүттөрдүн хандыгынын калыбына
келтирилиши жөнүндө кабарды ханга жеткирген учурда бузулган болучу. Инан эми
баарынан да түркүттөрдү кылычтоону каалаган жок, бирок аларды күзөтүү үчүн атайын
аскер чиновниги дайындалган. Ал эми империя менен жаңжалдашуу олуттуу иш болучу.
Бирок 641-жылы Инанга жортуул жасоо үчүн мезгил келгендей көрүндү. Император
Тайшань тоосуна салт болуп калган курмандык чалууну жасоого жөнөп кеткен эле. Аны
салтка ылайык бүт аскер коштоп кеткен. Инан императордук аскерлер түркүттөргө
жардамга келүүгө үлгүрбөйт деп ойлоп, өзүнө баш ийген бардык урууларды — тонграны,
бугуну, уйгурларды, мохэлерди (чжур-чжендер), татабдарды30 мобилизациялады жана өз
элинин душмандарын жок кылуу үчүн бүткүл бул армияны Гоби аркылуу алып өттү.
Аскерлерге анын уулу, тардуштардын шады командалык кылган.
Капысынан кол салууну камсыз кылуу үчүн ар бир жоокердин төрттөн аты болуп,
аларды алмаштыруу менен токтобой жүрүп отурушкан. Бирок Ашина Сымо согушка
кирбестен Хуанхэнин ары жагына, Ордоско чегинүүгө жана кол салуу тууралуу Чанъянга
кабарлоого үлгүргөн, ал жактан ага жардам берүү үчүн сокку уруучу атчандардын отряды
дароо келип жеткен31. Түркүттөр менен биригип, империялыктар түз эле душманга бет
алышты жана аны Ночжен дарыясында согушка кирүүгө аргасыз кылышты (641-ж)32
.
Сеянтолордун ар бир жоокеринде төрттөн ат болгондугуна карабастан, алар жөө катарга
туруп салгылашкан. Салгылашуу убагында аттарды атайын ат кошчулар кармап турган;
төрт жоокерге бир ат кошчу тийиштүү болгон. Салгылашуунун башталышында сеянтолор
өз тактикасына салып, чарайнасы жок түркүт аттарына ок жаадырышкан. Жөө
салгылашууга ыңгайлашпаган түркүттөр дүрбөлөңгө түшүп чегине баштаган. Сеянтолор
аларды кууп баратып, өз катарларын бузуп алган, мындан табгачтардын полководеци Ли
Цзи пайдаланган. Ал кытай жөө аскерлерин жүздүк колонналардын арасында түзүлгөн
интервалга сокку урууга багыттап, душмандарды токтоткон. Бул убакта түркүт атчандары
шашылыш түрдө кайра катарга туруп, ат кошчуларга сокку уруп, алардын 15 миң атын
тартып алган. Мунун өзү дүрбөлөң туудуруп, сеянтолор артка качып, түркүттөр кууп
жөнөгөн. Бул иш декабрда болгон соң кылычтан качып кутулгандар чөл аркылуу кайра
өткөндө суукка тоңуп өлүшкөн. Сеянтолордун жоготуулары 80%ке жеткен. Мындай катуу
талкалануу Инанды тынчтык келишимин суроого мажбурлаган, ал Кытай ханышасы менен
никеге туруу аркылуу тынчтыкты чыңдагысы келген эле. Тайцзун хандын өзү баштап,
никелик белек түрүндө жетиштүү сандагы малды айдай келишин талап кылды. Бул
белектерди чогултууда хан элге салган салыктар кыжырданууну туудурду. Малды чөл
аркылуу айдап өтүүгө мүмкүн болбоду, анткени жут башталган эле. Бул Инандын күчүн
биротоло жоготуп, эми Тайцзун аны менен эсептешүүнү токтотуп, кудалашуудан баш
тартты.
Инан жортуул жасоого аракет кылып көрдү, бирок империялык аскерлерге
жолуккандан кийин согушсуз кайра качты. 645-жылы Кытайга каршы күрөшүүгө
даярданып жаткан Корея диверсия жасоого Инанды көндүрүүгө көп аракет кылды. 645-
жылы октябрда өзүнүн ою толук ойрон болгондугун көрүп Инан дүйнөдөн кайтты. Сеянто
төбөлдөрү хандыкка анын никесиз уулу Иманды коюшту, бирок никеден туулган уулу
Бачжо өзүнүн тарапкерлери менен атасынын сөөгүн коюп жаткан убакта Иманга кол
салып, аны өлтүрүп, өзүн хан деп жарыялады33. Тайцзун башкы армиясы менен Кореяда
согушуп жаткандыгынан пайдаланып, Бачжо Кытайга чабуул жасайт, бирок чек ара
аскерлери тарабынан талкаланган. Ошону менен бирге ага каршы партиянын айрым
төбөлдөрүнө өлүм жазасын берүү ордодо кыжырданууну туудуруп, империялык аскерлер
жакындаганда анын ордосу аны таштап, туш-тушка качып кеткен. Көп убакыт өтпөй Бачжо
уйгурлар тарабынан өлтүрүлүп, андан кийин 646-жылы күзүндө империялык аскерлер
кууп жеткен сеянто ордосунун калдыктарынын бир бөлүгү кылычтанып, бир бөлүгү
туткунга алынып, бир бөлүгү эч убакта бирикпөө үчүн туш-тушка тарап кеткен34
.
Күжүрмөн жана сансыз көп эли бар уруунун үстүнөн мындай салыштырмалуу оңой
жеңиш империялык дипломатиянын өтө так эсептелген кадамы менен түшүндүрүлөт.
Тайцзун Инандын Кытай ханышасы менен никеге турушунан баш тартканда ал муну менен
сеянто ханына баш ийген бардык урууларга көтөрүлүш чыгарууга белги берген35. Андан
кийин ал аларга жолбашчылыкка "түркүт баатырын" 36 жиберген, бирок ал үчүн мындай
иш майданы жок эле. Көтөрүлүш чыгаргандарга уйгурлардын уруу аксакалы Тумиду
башчылык кылган. Ал сеянтолорду талкалаган, бирок жеңиштен кийин бардык башка
жолбашчылар менен бирге Тан императоруна баш ийген. Теле уруулары үчүн бул эң
жакшы арга эле: алар өздөрүнүн жашоо ыңгайын сактап калуу менен эчтекесин
жоготушкан жок жана кытайлар менен соода кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен өтө
көп нерсеге ээ болушту. Эң башкысы императордук армияга кирүү мүмкүнчүлүгүн
алышты, бул аларга чоң олжо жана сый-урмат алып келген. Ырас, кандайдыр бир
оппозиция келип чыгып, акыры Тумиду кутумчулар тарабынан өлтүрүлөт. Бирок алар
империялык аким тарабынан алдап колго түшүрүлүп, өлүм жазасына тартылган.
Тумидунун уулу уруу башчылыгына дайындалып, аскердик чин алган, ошондон кийин
уйгурлар империянын ниети түз букаралары болуп калып, империя жүргүзгөн бардык
согуштарга катышкан37
.
Чеби хан. Сеянтолорду талкалоо Тан империясынын кадыр-баркын ого бетер
арттырып, бардык теле уруулары, ал түгүл байырку (баегу) жана курыкандар (гулигань)
сыяктуу алыскы уруулар, 647-жылы алман менен кошо элчилерди жиберишкен жана
императорго ыктыярдуу баш ийишкен. Ошол эле жылдын акырында элчилик түркүттүк
Чеби хандан38 да келген.
Бул ханзааданын тагдыры өтө кызык. Кат Иль-хандын убагында ал дубандык
хандардын бири болуп, "кенже" хан деген титул алып жүргөн. 630-жылы талкалангандан
кийин Чеби хан өз ордосу менен түндүккө качкан, анын сары изине чөп салып кууган
сеянтолордон качып, чыгыш Алтайдын тоолуу өрөөндөрүнө барып жашынган. "Таншуда"
мындай деп жазылган: "Чеби Алтын тоолордун (Алтайдын) түндүк жагына кетти. Алтын
тоолордун үч тарабы тик, жалама аскалардан турат, төртүнчү жагында гана өткөөл бар, ал
жерден атчан жана арабачан өтүүгө болот. Жерлери түз, ошентип Чеби аларды ээледи...
Ал батышта Гэлолуну (карлуктар), түндүктө Гегуну (кыргыздар) баш ийдирди"39. "Алтын
тоолордун түндүк бети" деген сөздү сөзмө-сөз, туурасын айтканда, биздин мааниде түшүнүүгө болбойт. Алтайдын түндүк жантаймаларын токой (чытырман) баскан,
ошондуктан түркүттөр сыяктуу малчыларга жашоого мүмкүн эмес. Кыргыздар жогорку
Эне-Сайда жашаган, ошондуктан эгер Чеби хан Алтайды ашып түшкөн болсо, анда алар
андан түндүк жакта эмес, чыгыш жакта болор эле. Карлуктар Эртыштын жогорку агымын
ээлеп турган жана андан батыш жакта эмес, түштүк жакта болор эле. Ал жер туш
тарабынан тоолор менен курчалып, ал эми аралыгындагы жерлер "тегиз" , т.а. талаа
болгондугу Чеби хан ички Алтайдын өрөөндөрүн ээлеп тургандыгын, ал эми ал жакка
бирден-бир өткөөл — Сайлюгем экендигин көрсөтүп отурат. Демек, Чеби хандын ээлеген
жерлеринин негизги бөлүгү Телед көлү менен Катунь дарыясынын ортосунда жайгашкан,
бирок чыгышта ал, кыязы, Кобдо40 бассейнинин бир бөлүгүн ээлеп турган окшойт.
Анын аскерлери 30 миң адамга жеткен. Ал түндүктө кыргыздарды жана батышта
карлуктарды өзүнө баш ийдире алган. Чыгышта ал сеянтого каршы талыкпас күрөш
жүргүзгөн.
Тайцзун баш ийгендигин билдирүү үчүн Чанъянга жеке өзү келип-кетишин сунуш
кылып жооп катары Чеби ханга элчиликти жиберген, бирок ал дипломатиялык
мамилелердин түзүлүшүн сөзсүз багынып берүү катары кароону эч каалаган эмес. Кытай
элчилери хандын ыркка көнбөстүгүн көрүп, аны колго түшүрүп алуу үчүн карлуктар менен
мамилеге келишкен. Бул бузукулуктун бети ачылып, кытай элчилиги мууздалып салынган.
Ачууланган Тайцзун 649-жылы уйгурлардан жана бугулардан турган аскерлери менен
генерал Гао Канды Чебиге каршы жиберген. Ал туткунга алынып, Чанъянга алып келинген,
бирок ал жерде кечирим берилип, жогорку аскердик чин менен сыйланган. Анын эли
чыгыш Хангайдагы Өтүкен токоюна жашоого көчүрүлүп келинген, анткени бул аймак
сеянтолор жок кылынгандан кийин ээн болучу41
.
Окуялардын жалпы жүрүшү мына ушундай, бирок элди Алтайдан Хангайга көчүрүү
жөнүндө кабар сөзсүз апыртышкан. Мен "Таншу" менен "Ганмунун" түзүүчүлөрүнүн
адилеттүүлүгүнө шектенүүдөн алысмын; кыязы, алар өзүнүн чыгармаларында жөн эле Гао
Кандын рапортун келтиришкен болуу керек. Бирок бул генерал башка көп генералдар
сыяктуу ушундай эле тактык менен, мында кытай сарайындагы шардын географиялык
билимдеринин начардыгын эске алуу менен рапорт жазган. Ушул рапортко ылайык
Чаньяндан тартып Гоби жана Батыш Моңголия аркылуу Алтайга чейин өтүүнү кошуп
алганда бүткүл компания бир эле 650-жылга батырылгандыгын айта кетүү жетиштүү.
Ушул мезгилдин ичинде 30 миңдик түркүттөрдүн каршылыгы басылып, Чеби ханга
чыккынчылык кылган эки уруу аксакалынын баш ийип берүүсүнүн кабыл алынгандыгына,
бир аймак капысынан басылып алынгандыгына жана Чеби хандын өзүнүн колго түшүшүнө
ишенүүгө болот, бирок Гао Кан ушул кыска убакыттын ичинде бүткүл көп миңдеген элди
кармап алгандыгына Алтайды эч убакта көрбөгөн Кытай сарайындагы төбөлдөр гана
ишениши мүмкүн эле. Бири-биринен бийик ашуулар менен бөлүнгөн тоо өрөөндөрү
табигый жашыруун жайлар болуп саналат, ал жерде ар кандай душмандан жашырынууга
мүмкүн. Анткени камоодо жаткандардын карамагында алакандай талаа да (дайыма
талаанын аптап күнү кургаткан, Алтай өрөөнүнүн түндүк жантаймасы) көлөкөлүү, жыттуу
алакандай токой да (күн нурлары жантайып тие турган түштүк бетинде), таза тоо суусуна
толгон дарыялар да, таманында булактар агып жаткан терең оюндар түрүндөгү кошумча
жашыруун жайлар да болгон. Кыш мезгилинде бийик ашуулар жабык болгон, ал эми
жайында ушундай өрөөнгө жете алган душман эч кандай ийгиликтерге жетише албас эле,
анткени жайлоолор суулар аккан жерлерге жайгашкан, ал жакка жергиликтүү калкка гана
белгилүү болгон жалгыз аяк кыя жолдор менен гана жетүүгө мүмкүн. Дарыялардын нугу
боюнча жогору карай табигый жолдор жок, анткени бул дарыяларды төмөнкү
агымдарында аскалар кесип өтүп, алар ат гана эмес, ал түгүл жөө адам да өтө алгыс
коктулар боюнча агат. Бирок Алтайда көчмөн мал чарбасы өрөөндөрдүн талаа
жантаймаларында гана болушу мүмкүн, ал эми андай жантаймалар анчалык көп эмес.
Ошондуктан малдын жана элдин саны көбөйгөндө Чеби хан талаага чыгуунун жолун
издөөгө тийиш болучу. Ошентип ал бул жолду тапты, бирок ал аны өлүмгө алып келди,
анткени талаада императордун атчандарына тең келе тургандар жок эле.
Текстке кайра кайрылуу менен, биз Чеби хан түздүктө талкаланып, тоолорго келип
жашырынгыча болбой Алтайдын тоо этектеринде колго түшүрүлгөндүгүн көрүп
отурабыз42. Кыязы, Гао Кан өз милдетин аткарылды деп эсептеп, колго түшүрүлгөн
туткундарды Хангайга которгон жана тийиштүү кабарды Чанъянга жиберген окшойт.
Натыйжада тоолордо жашаган түркүттөр аман калып, ал түгүл өзүнүн уруулук бөлүгү —
төлөс43деген атын сактап калышкан.
Корейлердин эрдиги. Сеянто хандыгы жок болордон мурда эле Тан өкмөтүнүн
алдында кайрадан корей маселеси турган болучу. VII к. ортосунда Корея үч мамлекетке
бөлүнгөн: жарым аралдын түндүк батышында — Япония менен союздаш болууга багыт
алган Пякчэ падышалыгы; түштүк-чыгышта- япондук каракчылардын кол салууларынан
жапа тарткан жана ошондуктан Кытай менен союзду издеген Силла падышалыгы;
түндүктө — эки түштүк падышалыктары менен каршылашкан жана маньчжуриялык мукри
(мохэ) токой уруулары менен достошкон Когурио же Корея падышалыгы болгон. Бул
бекем жана жоокер мамлекет суй Кытайынын төрт кол салуусунун мизин кайтара алган.
Ал Тан династиясы менен достукту чыңдаган, бирок 642-жылы Когуриодо төңкөрүш
болгон: Гай Су-вынь деген неме аскерлерге таянып, төбөлдөрдү мууздап, падышаны
өлтүрүп салган, андан кийин жаш баланы — падышанын бир тууганынын баласын такка
отургузуп, бүткүл бийликти өз колуна топтоп алган.
Империялык өкмөт коңшусунун ички иштерине кийлигишкиси келген эмес, бирок Гай
Су-вынь Пякчэ менен союз түзүп, 643-жылы Силлага каршы согуш баштаган. Тайцзун
өзүнүн союздашынын бүлгүнгө учурашына жол бербөө үчүн Кореяга дипломатиялык
өкүлчүлүктү жиберген, бирок элчини ушунчалык жек көрүүчүлүк менен кабыл
алгандыктан, бул согушка себепчи болгон44. Тайцзун кореялык зулумдун таш боордугу
элди өзүнө каршы көтөрөт45 жана бул империяга Силланын жардамы менен кидан, татаб
жана мукри аскерлерин46 жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлогон. Бирок ал катуу
жаңылышты: корейлер мекенин коргоого баатырдык менен чыгышты, ал эми мукрилер
(маньчжурлар) аларга жардамга келди. Империялык армия кытайларга караганда
көбүнчө көчмөндөрдөн турган, бирок кытайлар да жортуулга катышкан. Телелердин
корпусуна бир колу чолок баатыр Киби Хэли, түркүттөргө Ашина Шэни, Жуңгариянын
талааларынан келген чуюе атчандарына Ашина Мише колбашчылык кылган, ал эми
Ашина Сымо хандын өзү императордун штабынын алдында болгон. Жогорку
командачылык императордун тууганына, сеянтолорду жеңип чыккан табгач Ли Цзиге
жана кытай полководеци Чжан Лянуга тапшырылган. Кытай жана түрк полководецтери
бирдей катышта өз ара аралашып турган, бирок флотто кытайлар гана кызмат отогон.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 12:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

645-жылы жазында империялык армия чек аралык Ляошуй дарыясы аркылуу өтүп,
Гаймучен чебин камалоо менен алып, Ляодун шаарын курчоого алды. 40 миң корей
жардамга келип, кытай жөө аскерлерин кысып кирди, бирок мизи кайтарылды. Андан
кийин таш ыргыткыч машиналар шаардын дубалдарын талкалап, шамалдын огунан
пайдаланып империялыктар шаарды өрттөп жиберишти. Дубалдын кырында турган
корейлер багынышкан жок, бирок аларды узун найзалар менен кыйратышты. Натыйжада
шаар кулады.
Андан соң айыгышкан коргонуудан кийин Ляодундан түндүк жакта жайгашкан
Байяйчен бекем чеби багынып берди. Камалоочу колонна дубалдын бузулган тешигинин
түбүндө чабуул коюунун алдында полководец Ли Цзи мындай деп айткан: "Жоокерлер
олжого туйтунуу үчүн өмүрү жөнүндө да ойлоп
койбостон жебелерге жана таштарга жан дилн менен бута болуп жатышты. Эми шаар
дээрлик алынды; эмне учун багынып берүүнү кабыл алууга макул болуп, салгылашып
жаткандардын көксөөсүн суутуш керек?" Император аттан түшүп, кечирим сурап, мындай
деди: "Сенин айтканың туура; бирок аскерлерди өлтүрүүгө жана алардын аялдарын үй-
бүлөсү менен туткунга алууга жол бере албайм — мен буга чыдай албайм; ал эми сенин
корпусуңдагы эр көкүрөк аскерлериңерди мен мамлекеттик казынанын буюмдары менен
сыйлайм, ошентип сенден бир шаарды сатып алам". Ошондо Ли Цзи аскерлери менен
кайра тартып47, император капитуляцияны кабыл алды.
Корейлер бардык күчүн мобилизациялап, жардамга мукри атчандарын чакырышты.
Ашина Шэни өзүнүн түркүттөрү менен укмуштай манёврду жасап, корей аскерлерин
чабуул коюуга тукурду жана аларды өзүнүн башкы күчтөрүнө туш кылды. Корейлер
салгылашууга мажбур болушту да, көпчүлүк адамдарынан ажырады. Тоолорго такалган
жана империялыктар курчап алган корейлер жеңүүчүгө багынып беришти. Тайцзун 2500
командирди гана кийин Кытайга көчүрүп кетүү үчүн туткунда калтырды. 30 миң катардагы
жоокер үйлөрүнө таркатылып, ал эми 3000 мукри өлүм жазасына тартылды.
Бирок империялык армиянын бүткүл күч-аракети Аньши шаарынын (Кайпинден
түндүк-чыгыш жакта) дубалдарына барып талкаланды. Дубалдардын боорун тешкен
тарандарга жана шаарга таштарды ыргыткан баллисттерге карабастан, күндүр-түндүр
жети жолку чабуулга жана курчоодогулардын оор жоготууларына карабастан шаар
багынып берген жок. Кыш кирип келип, тамак-аштын запастары түгөнө баштады.
Император корей аскер башчыларын шаардын дубалына чакырып алып, аларды
коргонуудагы бекемдиги үчүн мактап, өз аскерлерине чегинүүгө буйрук берди. Чабуул
андан ары өрчүгөн жок, кампания утулду, чегинүүнүн убагында көп аскерлер сууктан жана
чарчап чаалыгуудан каза болду. Бирок бул согуш мурда Кореяда Ян-ди жүргүзгөн
согуштарга таптакыр окшош эмес эле! 645-жылы басылып алынган жерлер империянын
карамагында калды, корейлер чегинип бараткандардын артынан түшүүгө батынбады.
Ошентип, 647-жылы согуш кайра башталып, бирок биротоло жеңишке 668-жылга карата
гана жетишилди.
Бирок биз бул согуштун андан ары жүрүшүнө көз сала албайбыз. Биздин тема үчүн ага
түрктөрдүн жана башка көчмөндөрдүн катышуу үлүшүн гана аныктоо маанилүү, ал эми
мындай үлүш аз эмес эле48
.
Шэнинин "Батыш аймакка" жортуулу. Кореядан кайтып келгенден кийин Тайцзун өз
көңүлүн кайрадан батышка бурду. Ал жакта Юкук менен Халлыгды кууп чыккандан кийин
бир аз бейкуттук өкүм сүрдү. Чыгыш Түркстандын майда өкүмдарлары түркүттөрдүн
күчүнө ашыкча баа берип жана Гаочандын жеңилишинен чочулашып, эч болбогондо
салыштырмалуу көз карандысыздыкты сактап калуу үчүн империялык агрессияга каршы
таянычты табууга үмүттөнүшүп, Ирбис Шегуй ханга баш ийип беришип, Кучанын
империяга 6ЗО-жылы ыктыярдуу баш ийип берүүсү падыша Сварнатептин (Суварнадева
деген санскриттик ысымдын тохардык айтылышы) колунан келди, бирок аны
алмаштырган Харипушпа (кытайча Али Бушиби)49 империя менен мамилесин үзүп, Батыш
кагандыкка багыт алды.
640-жылы50 карашаардык лун (өкүмдар) Тукичжи өзүнүн кызын Батыш түркүттүк Кули-
чур51 деген төбөлгө берип, жетиштүү колдоого ээ болдум деп чечип, алым төлөөнү
токтотуп салат. Адегенде кытайлар буга чыдап жүрдү, бирок 644-жылы карашаардык
өкүмдардын бир тууганы аларга өтүп келгенде, Батыш аймактын акими Го Сяо-кэ аны жол
көрсөткүч катары пайдаланып, баш ийбеген вассалды жазаламак болду. Күтпөгөн жерден
кол салып, ал Карашаарды алып, Тукичжини туткундап, аны Кытайга жөнөттү, ал эми
бошоп калган такка анын инисин отургузду. Кули-чур өзүнүн түркүттөрү менен кытай
аскерлери кеткенден үч күн өткөндө кайын атасы үчүн өч алууга келди. Ал жаңыдан эле
такка отурган өкүмдарды камакка алып, такка анын тууганы Сепо Аначжини отургузду.
Чыккынчыны ал Кучага жөнөтүп, аны өкүмдар Харипушпа52 өлүм жазасына тартты.
Тайцзун бул согушууга жетиштүү жүйө деп эсептеп, 648-жылы ал жакка өзүнүн эң
мыкты генералын түркүт жана теле атчандарынан турган зор аскерлер менен (100 миң
адам?) жөнөттү.
Ашина Шэни капысынан кол салмак болуп Хамиден Теңир-Тоонун түндүк капталы
менен Юлдузга чейин басып өтүп, жолдо чуюе жана чуми урууларын талкалап, андан
кийин армиясын ашуулар аркылуу алып өтүп, Куча хандыгынын чектерине кирип келди53
.
Душмандар таптакыр алдастап калды: карашаардык хан Сепо Аначжи ордосун таштап
качып жөнөдү, бирок колго түшүрүлүп, башы алынды54. Кучалыктар 50 миң адам чыгарып,
бирок талкаланды жана Шэни Кучаны алды. Өкүмдар жеңил атчандары менен
түркүттөрдү көздөй качты, бирок артынан куугун түшүп курчоого алынды жана туткунга
түшүрүлдү. Нали деген кучалык төбөлдөрдүн бири караңгы түндөн пайдаланып кутулуп
кетти. Ал Батыш кагандыкка жетип, ал жактан 10 миң түрк атчандарын алып келди.
Түрктөр империялык отряддардын бирине сокку уруп, аларды таптакыр талкалады.
Шэнинин аскерлеринде дүрбөлөң башталып, бирок башкы күчтөр менен кагылышкандан
кийин Нали катуу талкаланып, туткунга түшүп калды55
.
Ушундан кийин 70 чакан шаар Шэниге ыктыярдуу баш ийди. 649-жылы Хотанды56 баш
ийүүгө мажбурлоо үчүн бир эле согуштук күчтү көрсөтүү жетиштүү болду. Бухара жана
басмыл уруусу да толук баш ийе тургандыгын билдирди57. Бирок бул баш ийүү аларды эч
нерсеге милдеттендирген эмес. Ирбис Шегуй хан өз дөөлөтүнүн бүтүндүгүн коргоп
калууга таптакыр жөндөмсүздүгүн көрсөттү. Талаа согуштарында түркүттөрдүн чарайналуу
аскерлеринин мурдагы басымдуулук абалынан пайда болбой калды, анткени
империялык атчандар батыш түркүттөрдүн калдыктарына караганда талаа согушунда
алардан кем эмес тажрыйбалуу полководецтер жетекчилик кылган ушундай эле талаа
адамдарынан турган болучу. Алардын көз каранды эместигинин мезгили бүткөндүгү
айкын болуп калды. Бирок 649-жылы 10-июлда Тайцзун дүйнөдөн кайтып, Батыш
кагандыктын өлүм алдындагы жан талашуусу создукту.
Тайцзундун өлүмү. 649-жылдын башында борборлоштурулган империяны түзүү иши
аяктады. Кореяда али да болсо айыгышкан каршылык көрсөтүү улантылып, Алтай
өрөөндөрүндө баш ийбеген түркүттөр жашырынып, Батыш кагандык Кубанга чейин согду
шаарлары менен талааларына үстөмдүк кылып жатса да, Империянын чыныгы согуштук
күчүнүн атаандаштары жок экендиги бардыгы үчүн айкын болуп калды.
Кучанын жанында батыш түрктөрүнүн үстүнөн болгон жеңиштен кийин (648-жылы)
Тайцзун мындай деп айткан:" Мен бир кезде ар кимдин өзүнө жараша көксөгөнү жана
таң-тамаша куруп, ыракат алуусу болот деген элем. Топурак шаарчасы жана чыбык ат
балдардын таң-тамашасы; алтын тагынып, жибекке оронуу аялдардын шаан-шөкөтү;
соода аркылуу ашыкча буюмдары менен өз ара алмашуу көпөстөрдүн иши; жогорку
чиндер жана жакшы маяна чиновниктердин шааниси; салгылашууларда өзүнө теңдеш
атаандаштын болбогондугу колбашчылардын көксөөсү; дүйнөдөгү бейкуттук жана
биримдик падышалардын ыракаты. Азыр мен телегейим тегиз болуп турам"58
.
Бул уруулардын жана элдердин көз каранды эместигинен баш тартып багынып
бергендер үчүн биримдик жана бейкуттук урматына оор жүрүштөр жасалып, жат
жоокерлер, ошондой эле өз жоокерлери да набыт болгон программа болучу. Бул
программа канчалык реалдуу экендиги жогоруда айтылып кетти, бирок 649-жылы ал
жүзөгө ашырылгандыгы факт болуп кала берет жана мурда жетишилген жеңиштерден
тышкары согуштун инерциясы империялык аскерлерди алдыда турган салгылашууларга
түрттү. Ошентип көп нерсе бул жерде империянын негиздөөчүсүнүн жеке өзүнө
байланыштуу болгон.
Өзүнүн жеке сапаттарынын натыйжасында жогорку бийликке жетишкен адамдар
жөнүндө кеп кылышканда, адатта, Наполеонду эске түшүрүшөт. Аны менен Тайзун Ли Ши-
миндин ортосунда көп жалпылык бар экендигин белгилей кетүү керек. Экөө тең
армиялык лейтенант болуп башташкан, таланты менен көзгө көрүнүп, экөө тең өз
шакирттерин өздөрүнө жакындата алышкан. Экөө тең баатыр жана акылдуу болгон, экөө
тең өз элдеринин турмушунда зор роль ойногон.
Бирок Наполеондун иши анын өмүрүнүн ичинде кыйрады, ал эми Тайцзундун иши ал
өлгөндөн кийин дагы жүз жылга созулду. Наполеондо Фуше болгон, ал эми Тайцзун:
"Падыша эч кимден шектенбөөгө тийиш", — деп айткан. Наполеондун убагында grande
silence de l᾿Empire үстөмдүк кылган, ал эми Тай-цзундун убагында маданият гүлдөгөн.
Наполеондук Франция эң зарыл азыктарга: кофеге, кантка д.у.с. муктаж болгон, ал эми
Тайцзун кытай элине ага чейин болуп көрбөгөндөй молчулукту берген. Конфуцийлик
интеллигенттер гана беймаза болушуп, императорду аялдарды жакшы көргөндүгү,
буддизмге берилгендиги жана согушту жакшы көргөндүгү үчүн жемелешкен 59
.
Конфуцийчилер аны көчмөндөр менен достугу үчүн өзгөчө айыпташкан, бирок бул жерде
да алар өз карталарын ачышкан: Империянын идеясы алар үчүн алгылыксыз болгон, алар
түркүттөр жана моңголдор менен достукту каалашкан эмес, кандай кесепеттерге алып
келгенин билип турушса да Суй сарайынын эски саясатын жактырышкан.
Тан династиясынын тагына бир нече сабаттуусунан сөрөйлөрдүн күңкүлдөөсү
коркунучсуз болгон, анткени ал үчүн көчмөн аскерлердин тайбастыгы жана элдин кеңири
массасынын арасындагы кадыр-баркы жетиштүү болгон. Тан династиясы өзгөчө
кайрымдуу жана чыдамдуу саясат жүргүзгөн.
649-жылы жазында император өзүн начар сезип, төбөлдөрүн өзүнө чакырып, аларга
башкаруу ишинде уулуна жардам берүүнү буюрган. Ал ооруп жаткан кезинде, 649-
жылдын 10-июлунда дүйнөдөн өткөнгө чейин мурасчы уулуна насаатын айткан. Сарайда
болгондордун баары атасы же энеси өлгөндөй ыйлаган60. Ашина Шэни аркы дүйнөгө аны
коштоп баруу үчүн өз ханынын жана досунун сөөгү менен бирге көмүнгүн каалаган, бирок
тактын шекчил мурасчысы буга тыюу салган61
.
Жаңы император Гаоцзун деген титул алып, алгачкы кезде Кореядагы согушту
токтотуу жана Кучада 62 колго түшүрүлгөн туткундардын баарын бошотуу жөнүндө
жарыялаган, бирок көп убакыт өтпөй ага атасынын ишин улантууга туура келди.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 12:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТҮРКҮТТӨРДҮН КҮНҮНҮН БҮТҮШҮ
Батыш кагандыктагы төңкөрүш. Ирбис Шегуй хан өзүн такка отургузган он ок
түрктөрдүн үмүтүн актабады. Отурукташкан ээликтери анын колдорунан суурулуп чыгып,
империялык аскерлер кагандыктын чек араларына жакындап келди. Бардык уруу
жолбашчылары үчүн мындай коңшулук эч кандай жакшылык алып келбестиги айкын
болуп калды.
Жыйырма жыл бою бейкут болуп келген кагандыктын түштүк чет-жакасындагы
абалдын жаман жакка өзгөрүшүнүн коркунучу туулду. Арабдар гректерге караганда
ирандык бөгөттү батыш жактан бир кыйла ийгиликтүү талкалап жатты. 637-жылы
Кадесиянын алдында шаханшах Йездегерд Шнүн туруктуу армиясы кыйрады жана анын
артынан Ктезифон кулады. 642-жылы Негавенденин жанында арабдар перстердин
ополчениесин талкалап, Персиянын тагдыры чечилди. Перстер колдорунан келишинче
каршылык көрсөтүштү, бирок арабдардын колуна бир шаардын артынан экинчи шаар өтө
берди. Шах өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен чыгышка карай чегинди жана бардык жерде
жылуу кабыл алууларга туш келди. Бирок ал согуш үчүн акчаны жана адамдарды талап
кылар замат акимдер андан тескери бурулуп кетишти; ошентип ал 651-жылы өзүнүн
ээликтеринин чет-жакасына — Мервага чейин жетти.
Персиядагы көтөрүлүш жана Дейлемдин, Табарстандын жана Журжандын
тоолуктарынын айыгышкан каршылыгы арабдардын алга жылышын токтотту, бирок
алардын жеңиштери жөнүндө каңшаарлар Орто Азияга келип жетти жана он ок
түрктөрдүн тынчсыздануусун күчөттү.
Жуңгарияда да толкундап жатышты. Ирбис Шегуй хандын куугунтуктоосунан
империянын ээликтерине качкан чуюе жана чуми уруулары туулуп өскөн жерлерин жана
көз каранды эместигин кайтарып алууга умтулушту. Алардын жолбашчысы Халлыг болгон.
Кагандыктын чектеринен качып кеткенден кийин Халлыг Тайцзунга кызматка кирип,
тез эле көтөрүлүп, Тинчжоу (Беш-Балык)1
аскер округун башкарууга алды. Бирок бул
мансапкор полководец империялык чек аралык офицер кызматына ыраазы болгон жок
жана Тайцзун өлгөндөн кийин Беш-Балыкты гана эмес, Турпанды да бошотуу максатын
көздөгөн кутумга катышат. Кутумдун бети өз убагында ачылып, бирок кылмыш
жасалбаган соң Халлыг уулу Тье-инди2
"гвардияда кызмат өтөө үчүн", тактап айтканда,
барымта катары Чанъ-янга жөнөтүп жиберүү менен кутулуп кетти. Тьеин Кытайда көпкө
чейин болгон жок. Ал атасына барып, ага Чыгышты жайына коюп, Батыш кагандыкка
умтулууга кеңеш берди.
Бул кол салуу Кытайда уюштурулгандыгын, же боштондукка чыгууга умтулуудан келип
чыккандыгын, же экөө тең бирге болгондугун айтуу мүмкүн эмес. Бүтүндөй ордо
империялык акимдердин уруксатысыз өтүп кеткен деп айтуу кыйын, бирок кандай болсо
да алардын байкоо чөйрөсүнөн чыгары менен Халлыг өзүн Ышбара хан деп (кытайча
Шаболо хан Хэлу) жарыялады жана 651-жылдын жайында3
"Дулу хандын (Юкуктун)
мурунку жерлерин ээлеп алды"4
. Он ок түрктөрдүн кандайдыр бир каршылыктары
жөнүндө булак оозго албайт. Болуп өткөн төңкөрүштүн көрүнүшүн калыбына келтирүүгө
маалыматтар өтө аз. Ирбис Шегуй хандын букаралары андан четтеп, күрөшкө озунун жигерин жана эркин далилдей алган адамды хан деп ыктыярдуу тааныгандыгын баамдап
билүүгө гана болот. Ирбис Шегуй хандын өзүнүн тагдыры кайгылуу болгон. Зулум аны "өз
колу менен"5
өлтүргөн. Өлгөн хандын мурасчылары качып кутулууга аргасыз болгон.
Бирок 651-жылы түштүккө карай жолду арабдар, чыгышка карай жолду
империялыктар жаап салган болучу. Тохарстанда Юкук өкүмдардык кылып, түндүктөн
Ышбара хан жылып келаткан; демек, бир гана жол — батышка карай жол калган, анткени
Волгадагы жана Теректеги хазарлар түркүттөрдүн бийлигин али тааный элек эле. Ошентип
VII к. ортосунан тартып Каспий деңизинин жээктеринде өз алдынча Хазар кагандыгы
пайда болуп, анын башында Ашина династиясы6
турган. VII к. ортосунда жашаган бул хан
тукумунун баары белгилүү болгондуктан, чыгарып салуу ыкмасын пайдалануу менен
Хазарияда Ирбис Шегуй хандын мурасчысы такта отурган деп моюнга алууга туура келет.
Ошол эле убакта Хазария Батыш кагандыктан бөлүнүп кеткен. Анын үстүнө Ышбара
хандын жана он ок түрктөрдүн хазарларда иши жок эле.
Ышбара хан. Ышбара хан он ок түрктөргө алар каалагандын баарын — ички
бейкуттукту жана тышкы согушту алып келди. Биринчиден, ал он уруунун
жолбашчыларынын укуктарын ырастады, дулуларга "чур" деген титулду,ал эми
нушибилерге "йегин" 7
деген титулду берди. Өзү жана өзүнүн дружинасы8
үчүн ал "Миң-
Булак"9
өрөөнүндө бекемделген шаар курду, ал эми өзүнүн уулуна "багадур- жабгу"10
деген наам берди, т.а. аны Батыш кагандыктын экинчи өкүмдары кылды.
Ышбара хан түркүттөр менен он ок түрктөрдүн көптөн күтүлгөн компромиссине
жетишти деп ойлоого болот, себеби ал түгүл нушибилер каршылык көрсөтпөстөн эле аны
хан деп таанышты. Бул компромисс чуюе, чуми жана чумугундун көксөгөн тилектерине
карама-каршы келген. Алар өздөрүнүн гегемониясын орнотууну көксөшкөн. Бул
урууларды өз элинин негизги массасынын эсебинен тышкары канааттандыруу үчүн хан
Империянын бийлигине өтүп кеткен алардын илгертен берки жерлерин кайтарып берүүнү
чечти жана күтүлбөгөн жерден жортуул жасоо менен Тинчжоу чебин талкалады. Ошондон
кийин олжого кыныккан чүй уруулары кайрадан Ышбара хандын таянычы болуп калды,
бирок кол салуу Империя менен согушка алып келди.
652-жылдын башында Жуңгарияга Лан Гян-фандын колбашчылыгы астындагы 20 миң
кытайдан жана башында Киби Хэли11 болгон 50 миң теледен турган армия жөнөтүлдү.
Согуштун планы тыкандык менен иштелип чыккан болучу. Союздаш теле аскерлеринин
ылдам жылышы менен узакка согушуу үчүн зарыл сандагы азык-түлүгү болбогон Ышбара
ханды кысып кирүү болжолдонгон болучу. Көчмөн урууларга, анын ичинде чуюеге жана
чумиге аёо менен мамиле кылуу сунуш кылынган; башкы душман катары Ышбара хандын
өзү таанылган. "Көчмөндөрдү кубалап, карышкырларга кол салуу"12, т.а. түркүттөргө кол салуу көрсөтмөсү берилген, кытайлар түркүттөрдү "тамыры" , ал эми башка урууларды
"жалбырактуу бутактар" деп эсептешкен.
Бирок мындай чечкиндүү көрсөтмөлөргө карабастан согуш аракеттери адегенде
солгун жүрүп жатты. 652-жылы чуюе менен чумини13 талкалоо болду, бирок, калыбы,
олуттуу деле талкалоо болбой калды окшойт, анткени алардын көксөөсү суубай калды.
653-жылы империялыктар кайрадан Беш-Балыкты ээледи, ал эми 654-жылы карлуктарга
жортуул жасалды, бирок иш он миң атты14айдап кетүү менен чектелди. Ошол эле жылы
чумугун уруусун талкалашты, мында кытай аскер башчысы өлгөндөрдүн кесилип алынган
30 миң кулагын Кытайга жиберди. Бирок чабуулдар кытайларга аз эле пайда алып келди,
Ышбара хандын өзү өзүнүн түштүк-батыш чек арасын коргоого аргасыз болду.
Махуй Суринин өлүмү. Мервдин марзбаны Махуй Сури өз шаарынын дарбазасын
Йездегерд Шкө ачып берди. Шах менен бирге анын өз күзөтчүлөрүнүн чакан отряды жана
таажынын казынасы жүктөлгөн кербен келди. Махуй берилген букара катары шахтын
алдына келип жүгүндү, бирок Йездегерд арабдарга каршы күрөшүү үчүн күчтөрдү
мобилизациялоого акча талап кылганда Махуй Сури өзүнүн түркөйлүгүнүн аркасында
арабдар мага жетпейт, падышанын казынасын ээлеп алсам жаман болбос, өзүм болсо
падыша болуп калам деген ойго азгырылды. Бирок шахтын күзөтчүлөрүнө өз бетинче кол
салууга батына албай, жардам сурап түрктөргө кайрылды15
.
Мервдик марзбандын чакырыгына Бижан-тархан16 деген бирөө макул болду, ал,
кыязы, Согдада жашап калган нушибилик уруу аксакалдардын бири болсо керек. Ал
өзүнүн дружинасы менен келип, Махуйдун чыккынчылык колдоосунан пайдаланып,
шахтын отрядын талкалап, аны капыстан басып калды. Йездегерд качып кутулуп,
тегирменчинин үйүнө жашырынып калууга аракет кылганда ал тарабынан мууздалып
өлтүрүлгөн17, ал эми Махуй шахтын казынасынын ээси жана өз алдынча падыша болуп
калган.
Бирок анын абалы өтө оор эле, анткени бул окуя тууралуу кабар бүткүл Хорасанга
тарап, мейманын өлтүргөнгө каршы кыжырданууну туудурду. Махуй күнөөнү түркүттөргө
жүктөп, шах ага бийликтин белгилерин — таажыны жана шакекти керез кылып калтырган
деп айтты. Бул жүйөлөрүнүн алсыздыгын жана ынандырарлык эместигин сезип,
чыккынчы өз аскерлеринин абалын жакшыртууга жана көбөйтүүгө аракет кылды.
Фирдоусиге ылайык, ал өзүнүн ээлеген жерлерине Балх менен Гератты18 кошуп алган
жана Бухараны, Самаркандцы жана Шашты басып алуу үчүн Согда тарапка экспансияны
баштаган. Кол салуу үчүн шылтоо Йездегерд үчүн өч алуу болгон, анткени Бижан "жер
падышасынын бактысын тебелеген" 19
.
Бул кабарды биз негиз катары кабыл алсак болот, анткени Батыш Түркүт
кагандыгындагы жагдай Фирдоусинин баянына толук ылайык келет. Ирбис Шегуй хандын
жармач өкмөтү династияга кас акыркы шахтын өлтүрүлүшүнө кош көңүл эмес, ал түгүл
жан тартуу менен мамиле кылган, бирок Йездегерддин каны кургай электе Ирбис Шегуй
хан тактан кулатылып, дулулар кайрадан бийликти өз колдоруна алышкан. Кыязы,
түзүлгөн мындай кырдаалдан Махуй Сури пайдаланууну чечип, Хорасанды, Тахорстанды
жана Согданы бириктиргиси келген окшойт. Бул кыйын эместей көрүндү, анткени Согда
эчактан бери эле дулуларга кас болчу жана Махуй ал жактан кеңири колдоого туш келем
деп үмүттөнгөн, мунун себеби көпөстөр аларга кербен соодасын токтотууга убада берген
Кытай менен согушка кубанбай коё алмак эмес.
Бирок Ышбара хан чечкиндүү адам болгон жана Ирандагы төңкөрүш жөнүндө угуп,
Махуй сыяктуу эле шах үчүн өч алуу деген ураан астында каршы чабуулду уюштурган.
Фирдоуси да аны "Бижан" деп атайт жана түркүттөрдүн жортуулунун маршрутун
сыпаттоодо ал келтирген географиялык аттар шектенүүнү туудурбайт. Хан Качарбашиден20
чыгыш, Бухарага жеткен жана ылдам жол жүрүү менен тылын түрүп, Жейхун аркылуу
өткөн. Махуй аны утурлап чыгып, бирок алгачкы эле кагылышууда туткунга алынып,
кыйнап өлтүрүлгөн.
Перстердин өз ара кырылышуусу Абдаллах ибн Амирге жол тазалаган, ал 651-жылы
Абрашахрды (Нишапурду), Тусту, Абивердди, Несуну басып алган жана Мервдин
арабдарга алман21 төлөп берүүгө макул болгон жаңы марзбаны Абраз менен келишим
түзгөн. Хорасандын артынан ушундай эле тагдырга Жуздан жана Тохарстан дуушар
болгон, а бирок 655-жылы Хорезмге кол салуу ордунан чыккан эмес. Ошентип 656-жылы
түркүттөр согушту кайрадан Хорасанга которушкан, бирок зор ийгиликтерге жетишкен
эмес22. Алардын ишинин оңунан чыкпагандыгы кагандыктын чыгыш чек арасындагы
абалдын курчушу менен түшүндүрүлөт.
Акыркы күрөш. Империялык өкмөт командалыктын жөндөмсүздүгүн жана өз
чегине жеткен баш аламан уюштуруучулукту бул компаниянын үзүрсүздүгүнүн себеби деп
туура эсептеген. Башкы командачынын жардамчысынын жоругу буга мисал боло алат. Ал
душман менен салгылашуунун ордуна империяга ыктыярдуу баш ийип берген Хыньду23
(Бичурин ушинтип атаган) шаарынын калкын кырып, талап-тоноп алган.
Ошондой эле Чженчу-жабгунун—Юкуктун уулунун Ышбара хандын тылына сокку
урууга аракети да ордунан чыккан жок. Чженчу өзүнүн атасынан Тохарстандагы кичинекей
дубанды жана ченемсиз зор дооматты мураска алган. Ага Батыш кагандыктын өкүмдары
боло алчудай көрүнгөн. Ушул максат үчүн Чженчу нушиби урууларын көтөрүлүшкө
көтөрүүгө аракет кылган, чынында эле кээ бир нааразы жолбашчылар ага кошулган24
.
Ошондо ал өзүнүн жөнөкөй "жабгу" деген наамын "Сибир-тардуш- шад"25 деген шаан-
шөкөттүү титулга алмаштырып, Кытайга муну таануу жана колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен
кайрылган. Императордук чиновник козголоңчул хандын ордосуна чейин жете алган
эмес, бирок каңшаарлардан пайдаланып, ал чогулткан күчтөр арзыбастыгын белгилеп,
бул талапкерге көңүл бурбоону өкмөткө сунуш кылган26
.
Союздаштарсыз калып, Чженчу Ышбара хандын аскерлери тарабынан кысымга
алынып, акыры өз дубанына кетүүгө, өзүнүн баш ийгендигин таанууга, шаан-шөкөттүү
титулунан баш тартууга аргасыз болгон жана андан ары өзүн толук ак ниетте кармаган27
.
Ошондо Ышбара хан өзүнүн тылы үчүн көңүлү жайланып, эң мыкты аскерлерин Аму-
Дарыядан Иле дарыясынын өрөөнүнө которду жана 655-жылы империялыктардын жолун
биротоло бөгөдү.
Бул император Гаоцзунду командачыларды алмаштырууга, бир кыйла кошумча
күчтөрдү жиберүүгө жана Кытайга берилгендигин сактап калган Батыш түрктөрдөн
отряддарды уюштурууга мажбур кылды. Башкы командачылыкка Су Дин-фан
дайындалган, анын күчтөрүнө уйгурлардын көмөкчү аскерлери кошулуп берилген. 656-
жылы ал Иле дарыясынын өрөөнүнө жиберилген биринчи сокку уруу колоннасына
башчылык кылган. Баш ийип берген түркүт ханзаадалары Мише менен Бучжендин
отряддары борбордук Жуңгариянын эшилме кумдары аркылуу Алтайды карай бет алды.
Бул жолу бардык артыкчылык империялык армия тарабында эле. Ал сеянтолорду
талкалаган жана Кореянын бекем чептерин штурмалаган ветерандардан турган. Бул
жерде Шэньсиде тибеттиктердин, ал эми Хэбэйде кидандардын жортуулдарынын мизин
кайтарууга көнүп калган кытай жөө аскерлеринин туруктуулугу, уйгурлардын
чыдамдуулугу, чыгыш түркүттөрдүн күжүрмөн деми жана чек арачы табгачтардын көктүгү
айкалышкан эле. Армия чакан эле жана оор унаа жүктөрү жок болчу. Бул жоокерлер
эчактан эле душмандын эсебинен тоюнуп алууга үйрөнгөн. Алардын алгачкы курмандыгы
жуңгардык уруулар болуп калды. Алардын кээ бирлери багынып берүүгө шашылып,
башкалары, маселен, чумугун сыяктуулар аёосуз кылычталып өлтүрүлдү.
Ышбара хан душмандын чабуулун токтотуу үчүн өзүнүн бүт күчүн топтоду. Кытайлар
анын 100 миң атчаны бар деп эсептешкен, бирок бул — өтө апыртуучулук эле. Иле
дарыясынын жээгинде ал Су Дин-фандын кытай жөө аскерлеринен жана уйгур
атчандарынан турган он миңдик отрядын курчоого алды. Су Дин-фан алдыга жөө
аскерлердин кураштырылган катарларын койду. Түрк атчандары үч жолу кытай
найзаларына барып такалып, артка чегиништи. Ошондо найзачылардын артынан
чаалыкпаган аргымакчан уйгур атчандары учуп чыга келип, чабуулга киришти. Түрктөр
туруштук бере албай артка качышты. Уйгурлар алардын артынан түнгүп, артта
калгандарын кылычтап баратышты; жалаң эле уруу аксакалдарынан жана тархандардан
200 адам туткунга түштү.
Империялыктар ийгиликти улантып, артта калган нушибилерди кууп жетишти,
ошентип алар согушсуз багынып беришти. Дулулар Бучжендин колоннасына туш келип,
дароо эле аны өздөрүнүн амири деп таанышты. Су Дин-фан түркүттөрдү түштүк жактан
курчап алуу үчүн жеңил атчандар отрядын Талас өрөөнүнө жиберди. Ышбара хан өзүнүн
дружинасы менен чегинүүгө үлгүрдү жана кошумча күчтөрдү өзүнө тарта баштады.
Империялык аскерлер аязга жана бороон-чапкынга карабастан анын артынан сая түштү.
657-жылдын башында душмандардын аскерлери хандын ордосуна жакындап келди, ал
бул учурда Тарбагатайдын28 каптал беттеринде жайгашкан эле.
Эми империялыктар түрктөрдөн көп эсе күчтүү болуп калды, анткени багынып берген
дулулардын жана нушибилердин баары көмөкчү отряддарды түзгөн29. Үйүндө калгандар
да ханга баш ийип берүүдөн баш тартышты деп ойлоого болот, анткени түркүттөрдүн
азык-түлүгү жок болучу жана аларга курчап аңчылык кылууга туура келген.
Империялыктар түркүттөргө капысынан кол салып, аларга кыргын салган.
Аскерлеринин калдыктары менен Ышбара хан Иле дарыясынын аркы бетине чегинди.
Ал жалгыз болуп калды: түштүктө да, түндүктө да душмандар эле, ал эми он ок түрктөр
салгылашууну каалашкан жок. Манёвр жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган ал өзүнүн
лагерин тосмолор менен бекемдеп, салгылашууга киришти, бирок кайрадан талкаланды.
Империялыктар түркүттөрдү Чүй дарыясына чейин кууп барып, ал жерде аларды багынып
берүүгө аргасыз кылышты.
Бирок Ышбара хан уулу жана бир аз сандагы ишенимдүү атчандары менен куугундан
дагы качып кутулуп кете алды. Ал түштүккө качты. Чачтын (Ташкент оазиси) жанында
чаалыккан аттар жүрбөй калды. Түркүттөрдүн "тар-хан" деген титулун алып жүргөн
Чачтын өкүмдары качкындарды кабыл алып, алардын колу-бутун байлап куугунчуларга
кармап берди30. Акыркы түркүт ханы кишенделип, Чанъянга алып келинди. Гаоцзун ага
кечирим берди, бирок ал туткунда кайгыда жүрүп 659-жылы дүйнөдөн кайтты. Мындай,
окурман байкагандай, эркиндикти сүйгөн түркүттөрдүн арасында көп болгон.
Өлкөнү андан ары багындыруу ылдам жүрдү. Салгылашууга эч ким калбай калды.
Согдунун Кан (Самарканд) Хэ (Зеравшан өрөөнүндөгү ээлик), Даван (Фергана), Ми
(Маймург) жана Кеш (Шахризябз) хандыктары Ышбара хан кулаганга чейин эле
түркүттөрдөн бөлүнүп кетишкен. 659-жылы алардын артынан чыгыш түркстандык
ээликтер: Сулэ (Кашкар), Чжуцюй (Көк-Жар, Каргалыктан түштүк-батыш жакта) жана Бохан
(Яка-арык) 31 өттү. Ышбара хандын тарапкерлеринин калдыктары 658-жылы Эбинор
көлүнүн жана Кучанын жанында акырына чейин талкаланган32
.
Чженчу 659-жылы көтөрүлүш чыгарууга аракет кылды, бирок жаңы мырзаларга жан-
дили менен кызмат кылып жаткан Мише тарабынан Боротолы өрөөнүндө жеңилүүгө учурап, колго түшүрүлгөн жана өлүмгө тартылган. Эң акырында, өз алдынчалыкты сактап
калууну каалаган кайсы бир нушиби ханы Су Дин-фан тарабынан 660-жылы кармалган.
Батыш Түркүт дөөлөтү көз каранды эместигинен биротоло ажыраган жана эч качан
кайтарып ала алган эмес.
Батыш кагандыктын жерлери округдарга жана уезддерге бөлүнүп, алардан эки
губернаторлук түзүлгөн. Бирөө дулунун аймагына ылайык келип, анын башына Ашина
Мише коюлган, экинчиси — нушибинин аймагына туура келип, аны Ашина Бучжен алган.
Эки хан тең өз алдынча болгон эмес.
Жаңыдан түзүлгөн ээлнктерге көз салуу үчүн "Батыш аймактын" 33 акиминин 640-
жылдан бери Турпанда болуп келген резиденциясы Кучага — көчүүчү жайларга
жакыныраак которулган. Согдиананын жергиликтүү өкүмдарлары өз жерлеринде кала
берип, бир аз убакка чейин бул жерде салыштырмалуу бейкуттук орногон.
Жеңиштин үзүрлөрү. Эми басып ала турган жер жок калды; бирок бул ийгилик элес
сыяктуу эле. Империя кошулуп кетишине үмүттөнүүгө болгудай өтө ар түрдүү элдерди өз
курамына кошуп алууга аракет кылган.
Тайцзун өзүнүн сылык-сыпаалыгынын жана жылдыздуулугунун аркасында баш
ийгендердин баарын, анын ичинде көчмөндөрдү да өзүнө жакындата билген. Бирок
Гаоцзун көчмөндөргө андай мамиле кыла алган эмес, ал салт болуп калган төрөпейилдик
мамиледе болгон34. Көчмөндөр кайрадан өздөрүн жат катары сезишип, мунун кесепети
дароо эле байкалды.
656-жылы уйгурлар, т.а. телес уруулары — йүангэ, баегу, сеге, пугу жана тунлолор
көтөрүлүш чыгарышты. Алардын башында өлгөн жолбашчынын карындашы Бисуду
ханыша турган35. 662-жылдын башында көтөрүлүш басылган. Бисуду качып кеткен, бирок
кытай армиясы кышкы аяздардан зор жоготууларга туш болгон36
.
Баш ийдирилген аймактарды кармап туруу проблемасы мурда болуп көрбөгөндөй
курчтукка жетти. Ал түгүл Кытайдын зор материалдык жана адамдык ресурстары жаңыдан
басылып алынган өлкөлөрдөгү гарнизондорду күтүүгө жетиштүү эмес эле. Гаоцзундун
өкмөтүнүн өзүнө мүмкүндүк бере турган эң чоң нерсеси төрт шаарды бекемдөө жана
аларды туруктуу гарнизондор менен жабдуу болгон. Бул "төрт гарнизон" Кучага,
Кашкарга, Хотанга жана Токмокко37 жайгаштырылган жана Кытай ордосунун ою боюнча
бүткүл "Батыш аймакта" гегомонияны камсыз кылууга тийиш болучу.
Баш ийдирилген областтардын баары биригип төрт акимдикке бөлүнгөн болучу —
экөө чыгышта жана экөө батышта. Батыш түркүттөрдүн жерлери түндүк-батыш
акимдигине 38 кирген. Бул райондорду түздөн-түз башкарууга мүмкүндүгү
болбогондуктан Кытай өкмөтү өзүнүн берилгендигин далилдеген түркүт хандарынын
жардамына таянган. Дулу урууларынын жерлери Мишеге, ал эми нушибинин жерлери
Бучженге ишенилип берилген. Бирок бул жөндөмсүз өкүмдарлардын өз букараларынын
арасында кадыр-баркы болгон эмес39 жана бүткүл күч-аракетине карабастан ишенимге
татый алышпады. Ырас, көчмөн хандардын жана отурукташкан өкүмдарлардын айрым
козголоңдору оңой эле басылган 40 , бирок хандардын өздөрү бири-бирине каршы
бузукулук кылып, акыр аягында Кытай үчүн өтө кыйынчылык менен жетишилген
ийгиликтерди бүт бойдон жокко чыгарды. Бучжен 664-жылы Кучага карай жазалоо
жүрүшүнүн убагында көтөрүлүшкө ою бар деп Мишеге жалаа жапкан. Кытай полководеци
Су Хай-чжен териштирип отурбастан Мишени жана "анын кол алдындагылардын баарын
койчусуна чейин"41 өлүмгө тарткан. Бул дулунун арасында кыжырданууну туудуруп, алар
Кытайга каршы өздөрүнүн күчсүз экендигин билишип, Тибет менен мамиле түзүшкөн.
Ошентип бул "Батыш аймактагы" күчтөрдүн жайгашуусун түп-тамырынан өзгөрткөн.
Мише үчүн өч алуучу катары борбордук Теңир-Тоодо жашаган гун-йүэ уруусу чыккан.
Ал телелердин янь-мянь уруулары жана тибеттиктер42 менен союз түзүп, империялык
аскерлерге кол салып көргөн, бирок мизи кайтарылган43. Андан кийин 663-жылы жазында
гун-йүэ Хотандагы жана Турпандагы кытай гарнизондоруна чабуул койгон, бирок ал да
ийгиликке жетишкен эмес44. Эң акырында, 644-жылы гун-йүэ империялыктар тарабынан
биротоло талкаланган. Теңир-Тоодон түндүк жактагы талаалар жана түштүк менен
батыштагы шаарлар-оазистер Империянын курамына механикалык түрдө кирген, ал бул
шаарлардын каада-салттарына жана жашоо ыңгайына кийлигишкен эмес. Сырт жактан
жардам күтүп үмүттөнүүдөн эчтеке чыккан эмес: арабдар Хорасанды баш ийдиришкенден
кийин куралын түштүк жакка бурган. 662-жылы алар Кабулду алышкан, ал эми Орто
Азияны жеңип алууну болочок мезгилге калтырышып, 664-жылы Пенджабга басып
киришкен. Теңир-тоолук уруулар кысымда калган, ал эми алардын жолбашчысы Ашина
Бучжен Тан империясына ак ниеттүү кызмат кылган.
Абал өзгөрбөөчүдөй көрүнгөн эле, бирок 667-жылы Бучжен дүйнөдөн кайтып,
империялыктар анын ордуна киши таба алышпады, бирок орунбасарлыктын зарылдыгы
күн сайын байкала берди. Эң мыкты империялык аскерлер өзүнүн көз каранды эместигин
баатырлык менен коргоп жаткан Кореяда салгылашкан. Ушул учурда оюнга жаңы өнөктөш
кийлигишип, күчтөрдүн бүткүл жайгашуусун чечкиндүү түрдө өзгөрткөн. Тибет Тан
империясынын атаандашы катары чыкты. Жаңы согуш Кытайдын бүткүл батыш чек
арасын каптап, тез эле Тарим бассейнине жайылды, бирок бул жөнүндө айтуудан мурда
VII к. ортосундагы Тибет деген эмне экендигин карап көрөлү.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

БАТЫШ КАГАНДЫКТЫН АКЫРКЫ КҮНДӨРҮ ЖАНА ТИБЕТ
ЭКСПАНСИЯСЫ
Байыркы Тибет. Дыйкандар үчүн ыңгайлуу жер катары кызмат кылып, мал
чарбасы үчүн жарактуу шалбаалуу талаалар жана суу өрөөндөрү айкалышкан Тибет бөксө
тоосуна батыштан да, чыгыштан да калк байырлап турук алган. Батышта памирликтерге
окшош мон жана дард дыйканчылык уруулары эзелтен бери жашап келген. Алар бири-
бирине көз каранды эмес көптөгөн майда хандыктарга бөлүнгөн. Чыгышта эки эл: койчу
кяндар жана дыйкан жундар жашаган. Илгерки заманда булар эки башка эл болгон, бирок
азыр экөөнүн тең тукумдары өздөрүн тибеттиктер деп эсептешет. Кяндардын тукумдары
— нголоктор ушул убакка чейин Амдо тоолорунда көчүп жүрөт, ал эми тибеттиктер —
боталар биздин замандын башталышына чейин кяндардан бөлүнүп кеткен. Боталар
жундардан дыйканчылыктын ыкмасын үйрөнүп, Цанпо (Брахмапутра) дарыясынын
өрөөнүнө отурукташып, тибет маданиятын жана мамлекеттүүлүктү түзүшкөн. Ал жерде,
тоо суулары менен сугарылган дарыя өрөөндөрүнүн күрдүү жерлеринде буудай, арпа,
гречиха жана буурчак өстүрүлгөн 1
. Кыштактар таш дубалдар менен курчатыла
бекемделип, дарыяларга көпүрөлөр салынган. Металлургия келип чыккан: күмүш, жез
жана темир эритилип, кездеме токуу пайда болуп, натыйжада чарбанын жалпы
жогорулашы VII к. башына карата калктын санын 2860 миң адамга чейин2
, т.а. XX к. чейин
андан ашпаган деңгээлге чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берген. Өндүргүч күчтөрдүн
өнүгүшүнүн ошол убактагы деңгээлинде өлкө андан ашык адамды тоюндура алган эмес.
Көп убакыт бою тибеттик уруулар өз уруу аксакалдарынын башкаруусунда жашаган.
Тибетке Шаншун өлкөсүнөн чыккан мугалим Шэнраб үгүттөгөн "бон" кара дининин келип
киришинин натыйжасында алгачкы өзгөрүүлөр башталган. Эң байыркы анимизмдин
ордуна кош бирдик кудай — "Бүткүл жыргалчылык" жана анын жубайы кандуу
курмандыктарды, анын ичинде адам курмандыктарын кабыл алган "Үч дүйнөнүн атактуу
ханышасы" , же "Боорукердиктин жана сүйүүнүн улуу энеси" коюлган. Ал, Шэнрабдын
окуусу боюнча, дүйнө: асман, жер жана суу рухтары жашаган суу астындагы чөйрөдөн
турат, Мистикалык дүйнөлүк көз караштан ушул үч чөйрө өсүп чыгат жана алардын өз ара
аралашы үчүн жол болуп саналат. Ушул окууга өзүн арнаган жана аны үгүттөгөн жрецтер
жасаган мистерийлер аркылуу аралашуу келип чыгат. Жөнөкөй ишенимдерден
айырмаланып, бон иерархиясы, клири, уюмдашкан пири жана мамлекеттик ишке
кийлигишүү тенденциясы бар үстөмдүк кылуучу жана жигердүү чиркөөгө айланат3
. Ап кан
менен салтанат курган. Тибеттин легендардуу өкүмдарларынын бири кара чиркөөнүн
колдоосунан бошонууга аракет кылып көргөн, бирок өзүнүн жакындары тарабынан
бычакталып өлгөн. Ошондон кийин өкүмдарлар жана уруу жолбашчылары өмүрү үчүн
бийлигинин бир бөлүгүн берүүнү артык көрүшкөн. Анын үстүнө уруулардын ортосундагы
туруктуу чыр-чатактар арбитр катары бондун ролун жана бул ролго байланыштуу үстөмдүк
абалын жеңилдеткен. Акыр аягында аристократия жана дин кызматчылары бири-бирине
жакындашып, андан аркы тарыхта биргелешип аракеттенишкен.
439-жылы Тибетке Хэсиден жоокер сянбилердин отряды чегинген жана анын
жолбашчысы бай, бирок ыркы кеткен өлкөгө туш келип кяндарды өзүнө тарткан, т.а.
түбөлүк касташкан уруулардын арасында үстөмдүк абалды ээлеген. Бул атамандын
тукумдары 200 жылдын ичинде тибеттешип кеткен жана мурас боюча цэнпо титулун алып
жүрүшкөн. Бул титул падыша менен уруулаштарына жана өлкөдөгү мурунку бирден-бир
күчкө таянган уруу жолбашчыларынын эркин аткарууга тийиш болгон өкмөт башчысынын
ортосундагы кандайдыр орточо абалды ээлөө дегендик болгон эле.
Мындай жагдайда цэнпонун абалы өтө кыйын болгон. Бир жагынан, ал өз ордун
мурас боюнча ээлеп турган; анын казынасына "таажыга" таандык болгон жерлердин
баарынан түшкөн кирешелер, багындырылган элдерден түшкөн салыктар, алымдар,
өлгөндөрдүн жана өлүмгө тартылган кылмышкерлердин мүлкү келип түшүп турган, бирок,
экинчи жактан — аны ар кандай учурда кызматтан түшүрө алышкан, ошондуктан иш
жүзүнө келгенде анын чыныгы таянычы да, чыныгы бийлиги да болгон эмес. Ал түгүл
аскерлер цэнпого эмес, атайын аскер кеңешчисине баш ийген4
. Иштин чынына келгенде
байкуш цэнподо орун гана калган, муну менен ал байып кеткен аристократия мурунку
бийлигинен ажыраткан мезгилдеги эллиндик басилевстерди эске салат5
.
Бирок өлкөнү бириктирүү өзүнүн үзүрлөрүн алып келди жана цэнпо Намринин (570—
620) убагында тибеттик аскерлер Индияга жана Тогонго каптап кирген. 604-жылы Тогондо
алар өздөрүнүн чыгыш уруулаштары таштап кеткен Кара-Чуринди талкалаган. Өлкөгө
жаңы букаралар келип кошулуп, мында аристократия менен элдин ортосундагы карама-
каршылыктар курчуп кеткен. Эл үчүн цэнпо чыныгы жолбашчы болууга тийиш эле, себеби
ал да төбөлдөр жана бон чиркөөсү тарабынан кысымга алынып турган. Граждандык согуш
үчүн бардык өбөлгөлөр пайда болду. Намри өлтүрүлүп, ал эми анын уулу
Сронцангамбонун убагында "атасынын букаралары кыжырданып, энесинин букаралары
көтөрүлүш чыгарып, туугандарынын баары (санап көрсөтүлөт — Л.Г.) көтөрүлгөн" 6
. Бул
граждандык согушка өтө окшош болуп, ага ар кандай топтор жана уруулар катышкан.
Бирок көтөрүлүш кандайдыр басылып, тартип калыбына келтирилген. Акылман, кайраттуу
Сронцангамбо мына ушул көтөрүлүштөн өтө маанилүү тыянак чыгарган: ал мазмунсуздук
жана бейкамдык жөнүндө кызык окууну үгүттөгөн чачтары алынган жакыр кечилдердин
общинасына көңүл бурмак болду. Ошонусу менен ал жаңылышкан жок: буддизм Тибетке
киргенден кийин анын тукумдарын төбөлдөрдүн жана жрецтердин каршылыгына
карабастан цэнподон падышага айландырган күч болуп чыкты.
Тогон үчүн согушуу. Тан империясы менен мамилелер Тибеттин алдындагы эң
курч проблема болгон. Эки дөөлөттүн таламдары таптакыр карама- каршы болучу. VII к.
Тибет бардык жагынан бөгөттөнгөндүгүн эске алуу зарыл. Батышта баш ийбес дарддар
турган; Индия Гималай тоолору менен эле эмес, бөксө тоолордун тургундары чыдай алгыс
суук климаты менен да корголгон болучу; түндүк жакта адам өтө алгыс чөл, ал эми
чыгышта — күчтүү аскердик дөөлөт—Тан Кытайы жаткан. Бирден-бир жол түндүк-
чыгышта, Амдо аркылуу Ганьсуга жана Хэси менен "Батыш аймагынын" (Синьцзян) талаа
мейкиндиктеринде болгон. Бирок бул жолду бошоңдоп калса да Кытайдын колдоосунан
пайдаланган Тогон падышалыгы тосуп жаткан эле.
Эгер Тибет үчүн Тогонго ээ болуу зарыл болсо, Кытай үчүн буга жол бербөө андан да
зарыл болгон. Түркүттөрдүн үстүнөн арзанга турбаган жеңиши талаада империяга каршы
кандайдыр бир борбор пайда болгондо үзүрсүз болуп калмак, анткени көчмөндөр ансыз
деле көтөрүлүш чыгарууну жана көз каранды эместикке жетишүүнү көксөп жатышкан.
Талаага ээ болуу менен тибеттиктер Кытай коммуникациясын бууп салып, түрк
урууларынын арасындагы козголоңчул элементтерге таянып, империялыктардын кайра
Улуу дубалдын артына кууп салышы мүмкүн эле. Ошондуктан Тан империясы баары бир
согуш баштала тургандыгына карабастан Тогонго мүмкүн болгон жардамын көрсөткөн.
Ал эми Тогондун өзүндө Кытай менен союз таптакыр жактырылган эмес. Чжоулук,
суйлук жана эң акырында тандык Кытай менен көп жылдардан берки согуштар из
калтырбастан өтө албады.
Тогондук кол салууларга кытайлар кыйраткыч чабуулдар менен жооп берип, Амдого
түркүттөрдү, уйгурларды жана башка союздаш аскерлерди каптатып жиберген. Түпкү
жеңиш Кытайдын колунда калган, бирок Тайдзундун койгон адамы, кытайлашып кеткен
ханзаада Муюн Шунь Кытайдын колдоосуна карабастан өзүнүн букаралары тарабынан
өлтүрүлгөн7
. Тайцзун өлтүрүлгөн Муюн Шундун уулун — Кытайга өтө берилген жаш
Нохэбону хандык такка отургузган. Нохэбо Тогонго кытай календарын киргизип, кытай
ханышасына үйлөнгөн жана жаш тогондуктарды сарайда кызмат өтөө үчүн Чаньянга
жиберип турган. Албетте, келип чыккан оппозиция Тибетке багыт алган, бирок кутумдун
бети 641-жылы ачылып, жоюлган. Ошол убакта тибеттик армиянын башында цэнпо
Сронцангамбого карата оппозицияда турган ак сөөк Гар тукумунан чыккан Донцан деген
төбөл турган.
Тайцзундун бекем эрки жана Сронцангамбонун убагында тибеттик саясаттын кескин
бурулушу Тогонду бир канча убакытка коопсуз кылды, бирок Донцан чыгышка карай
чабуулун баштап, ал эми анча кыраакы эмес Гаоцзун Нохэбого дароо жардам берүүдөн
баш тартканда Тогондун тагдыры чечилген болучу.
Тогондук төбөл Содохуй Тибетке качып барып, Гаоцзундун чечими жөнүндө Донцанга
кабарлады. Донцан дароо согуш баштап, 663-жылы Сары дарыянын башында тогондорду
таптакыр талкалады. Нохэбо ханышасы жана бир канча миң боз үйү менен Кытайдын
коргоосу астында Лянчжоуга качып кеткен. Гаоцзун өкүнүп, Тогонго батыш жортуулунун
баатыры Су Дин-фан8
баштаган аскерлерди жиберген, бирок кеч болуп калган эле. Тан
империясы үчүн кырдаалдын мындай өзгөрүшүн көз алдыга келтирүү кыйын эле.
Кылдат Донцан Гаоцзун менен макулдашууга аракет кылды, бирок анын Тогонду
бөлүп алуу жөнүндө сунушу четке кагылды. Донцан жөндөмдүүлүгү боюнча атасынан кем
калбаган төрт уулун калтырып дүйнөдөн кайтып кеткен; улуусу Цинь-лин улуу кеңешчи, ал
эми кенжелери — аскер башчылары болуп калды. Ошентип, согуш башталган.
Империялык өкмөт өтө оор абалда калган, анткени эң мыкты аскерлер Кореяда
алагды болуп жаткан эле. Аны жеңип алуу 668-жылы гана аяктаган. Бичуриндин жазганы
боюнча, бул убактан ичинде тибеттиктер кяндар жашаган 12 кытайлык областты талкалап,
кошулуп кеткен дансяндардын (тангуттардын) жана хорлордун (тогондордун) эсебинен өз
аскерлерин көбөйтүп алышкан. 670-жыл тушта тибеттик армия Тарим бассейнине кирип
келип, түркүттөрдүн тилектештигине жана Хотан менен союзга таянып, Кучанын
дубалдарын талкалашты, мунун натыйжасында Сичжоудан (Турпандан) башка бүткүл
Батыш аймагы тибеттиктердин бийлигинде болуп калды9
.
Жоготкондорун кайтарып алууга умтулуп, кытайлар Тибетке зор армия жиберген,
бирок Бухайн-голдун жанында таптакыр талкаланышкан. Кытайдын генералы Се Жинь-гуй
тибеттиктер менен убактылуу жарашуу келишимин түзүп, ошондон кийин гана чегинүүгө
мүмкүнчүлүк алган (670-жыл). Тибеттиктерге каршы экинчи жолу жиберилген аскерлер
аскер башчысынын өлгөндүгүнө байланыштуу жолдон кайра тартышкан, ошентип
согуштун биринчи этабы ушуну менен аяктаган.
Тибеттиктер Тан империясына эки жолу, 672-жылы жана 675-жылы тынчтык
келишимин түзүүнү сунуш кылышкан, бирок Гаоцзун бул сунуштарды четке кагып,
натыйжада 676-жылы согуш кайра башталган.
Түркүттөрдүн күнүнүн бүтүшүү. Бухайн-голдогу катуу талкалануу жана ыкка көнүп
берүүлөргө баруунун мүмкүн эместиги империялык өкмөттү Тибетке каршы күрөшүүнүн
жаңы жолдорун издөөгө мажбур кылды. Бул максат үчүн батыш түркүттөрдү пайдалануу
чечими кабыл алынды.
671-жылы элди тынчтандыруу үчүн уруу аксакалы Ашина Дучжи аскер башчысы жана
ошол эле убакта Фуян акими10 болуп дайындалган болучу. Бирок чынында бул аткарылбас
иш эле. VII к. ортосунда династияны колдоп келген Ашина тукумуна карата салт болуп
калган урматтоо толук кош көңүлдүк менен алмашылган. Себеби акыркы хандар өздөрүн
кытайлардын ишенимдүү кызматчылары жана өз элинин душмандары катары
көрсөтүштү. Империялык башкаруунун көчмөн райондордо кадыр-баркы жок эле. Дучжи
өзүнүн абалын чыңдоо үчүн Тибет менен союз түзүп, 676-жылы өзүн хан деп жарыялады.
Тибеттиктер согушту кайра баштап, батыш Кытайды Чанъянга11 чейин талап-тоноп
алды. Бул убакта империялык эки армия аракетсиз турган болучу. Кийинки 677-жылы
тибеттик армия Дучжинин аскерлери менен кошулуп, жергиликтүү калктын толук
тилектештиги жана активдүү жардамы менен империялыктардан Кучаны бошотушту12
.
Мына ушунусу менен Дучжинин тагдыры чечилди.
Дучжиге каршы сановник Пэй Хин-гянь аскерлери менен жиберилди, бирок иш
кагылышууга чейин жеткен жок. Хин-гянь өзү перс ханзаадасын такка отургузуу жана
даштарды (арабдарды) тынчтандыруу үчүн баратам деп туш-тушка жар салды. Ал эми өзү
болсо Турпанга жеткенде анда кыштап, аңчылыкка чыгып, аман калган кытай
чиновниктерин меймандап жатып алат. Чакырылгандардын арасында Дучжи пайда болор
замат аны камакка алып, Кытайга жөнөтүп жиберген (679-жылы). "Ушул убактан тартып он
аймак таптакыр бошоңдоп кетти"13.20 жылдын ичинде кандай гана өзгөрүүлөр болду!
Мише өлүм жазасына тартылгандан кийин көтөрүлүш чыккан эле, Дучжини камакка
алганда эч ким кыймылдабады. Бул 20 жылдын ичинде батышта "түркүт" деген аттын өзү
жоголду, ал "он ок" деген термин менен алмаштырылды. Он ок түрктөрдүн өздөрү
аларды баш ийдирген кытайлар менен биригүүнүн маанисин көрбөй калышты, ошентип
эки муундун тукумдарынын ортосундагы (дулулар жана нушибилер) ажырым күн өткөн
сайын күчөй баштады14. Тартипсиздикке алып келген жаңжалды токтотуу үчүн Дучжинин
ордуна кытайлар эки ханзааданы — Мишенин уулу Юанькинди жана Бучжендин уулу
Хушэлону дайындашты. 693-жылы Юанькин өлүмгө жазаланды, анткени аны кытай
тагынын каарына калган мурасчысы менен байланышы бар деп айыпташкан. Юанькиндин
уулу — Ашина Суйцзы15 тибеттиктер менен байланышып, 694-жылы көтөрүлүш чыгарып,
талкаланып калды. Бийлик үстүртөн болсо да Хушэлонун колуна топтолду, бирок
түргөштөрдүн күчөшү аны өзүнүн тарапкерлеринин калдыктары менен Кытайга көчүп
кетүүгө аргасыз кылган, анын бар болгону 60—70 миң талапкери болгон.
Түркүттөрдүн тарыхы ушундайча аяктады.
"Батыш аймак" үчүн согуш. 679-жылы өзүнүн туу чокусуна жеткен тибеттик-
кытайлык согуштагы өзгөрүштөр батыш жана чыгыш түрктөрүнүн арасында Кытайга
каршы маанайлардын күч алышына байланыштуу. Империялык өкмөт тибеттиктерди
кайрадан тоого сүрүп чыкмайынча талаада тартип болбостугун эң сонун түшүнгөн. Ушул
максат менен зор армия (180 миң адам) жиберилген эле16. Анын башына "мамлекеттик
секретарь" Ли Цзинь-сюань коюлган болучу, ал билимдүү жана куу, бирок эч кандай
аскердик таланты жок адам эле. Кытайдын хроникачы ал түгүл Ли Цзинь-сюандын
дайындалышына анын душманы, падышага жаман көрүнүшүн каалаган атаандашы Се
Жинь-гуйдун кара ниеттиги себеп болгон деп жазат.
Адегенде кытайлар ийгиликке жетишип, бирок Көкөнор көлүнүн жанында
тибеттиктердин курчоосунда калган. Аскерлердин негизги массасынан алыстап кеткен
кытай авангарды кырылып, ал эми армиянын өзү тоого такалып, туш-тушунан курчалган.
Кытайларды толук кырылуудан теги боюнча корей Хэчи Чан-чжинин түнкү баатырдык
чабуулу гана сактап калган; бул узун бойлуу атлет жана эч тартынбаган балбан17 Тайцзун
өзүнө тартып эркелеткен "илохэнин" (баатырлардын) бири болгон. Ал 500 тандалма
жоокерди баштап тибеттиктердин лагерине кирип барып, душмандарын дүрбөлөңгө
түшүрүп курчоону жарып өткөн. Ошондо ал аркылуу жакында эле коркунучтуу болгон
армиянын калдыктары араң качып кутулган. Гаоцзун тибеттиктерди эмне кылуу
керектигин чечүү үчүн айласы кетип кеңеш чакырган, бирок сарайдагылардын пикирлери
ар башка болуп, кеңеш эч кандай чечимдерди каб алган эмес. Эми Кытайдын өзү үчүн
тибеттик коркунуч туулган. Ошол эле 679-жылы цэнпо Манроманцан каза болуп, такка
анын сегиз жашар уулу18 Дудсрон19 отурган. Анын убагында Циньлин бир туугандары
менен биргелешип бүткүл бийликти колуна алган.
680-жылы тибеттиктер Кытайга каптап кирип, Ли Цзинь-сюанды толук талкалаган,
бирок Хэчи Чан-чжи үч миң тандалмалуу "жарып кирүүчү атчандар" (ту-ки) менен түнкүсүн
тибеттик лагерге сокку уруп, душманды чегинүүгө аргасыз кылган. Ушул жеңиштен кийин
чек аралык линиянын башчылыгына дайындалган Хэчи Чан-чжи кабар берүүчү 70 пунктту
куруп, өзүнүн аскерлерин дан менен жабдуу үчүн казыналык талааларды алган, бирок
буга карабастан Кытайдын чегинде жашаган кяндардын20 жардамы менен тибеттиктер
линияны бузуп өтүп, Юннанга кирип келишкен жана маней21 деген ат менен белгилүү
болгон жапайы чалыш токой урууларын баш ийдирген.
Кийинки 681-жылы тибеттик полководец Цзанбу — Циньлиндин бир тууганы ички
Кытайга кирип барууга аракет кылган. Бирок ал Хэчи Чан-чжи тарабынан мизи
кайтарылган болсо да, кытайлар үчүн кыйраткычтай болуп калган абалды сактай албаган
коргонуунун ийгилиги болгон. Ал абал 689-жылы ого бетер начарлаган, бул жылы Батыш
аймакта турган кытай аскерлери тибеттиктер тарабынан талкаланган. Кытай өкмөтү
дүрбөлөңгө түнгүп Батыш аймагынан22 баш тартууга даяр болгон, бирок историограф Цуй-
юн кандай да болсо батыш ээликтерин сактап калуунун зарылчылыгын далилдеген
докладын сунуш кылган. Анткени илгерки заманда "алар хуннулардын оң колун кыя
чапкан... Эгер төрт шаарда гарнизондорду кармап турбаса, анда Туфандык (тибеттик)
аскерлер Батыш аймагына баруудан кайра тартпайт, ал эми Батыш аймагы көтөрүлсө,
анда ал түштүк кяндарга да таркайт. Алар беркилер менен союзга кирген кезде Хэсиге
сөзсүз коркунуч туулат... Эгер түндүк туфандыктар менен кошулса, анда он муун (батыш
түрктөр) жана Чыгыш Түркстан биз үчүн жоголот23"
Сунуштун таасири тийди: батыш түрктөр менен толукталган жаңы армия жабдылды
жана 692-жылы ал толук жеңишке ээ болуп, Батыш аймакты тибеттиктерден бошотту.
Ошол эле убакта тибеттиктерден көңүлү калган кяндар менен мандар кытай
букаралыгына кайтып келишти. Кээ бирлерин тибеттиктер колго түшүрүүгө үлгүрүп, аман
калгандары Кытайдын ичинен жер алышып, батыш чек араны коргоону күчөтүштү.
Ханзаада Ашина Суйцзынын жардамы менен батышта өзүнүн үстөмдүгүн калыбына
келтирүүгө тибеттиктердин жасаган аракеттери да ийгиликке ээ болгон жок, ал эми
өкүмдардын бир туугандарынын жасаган жортуулу 695-жылы жеңилүү менен аяктады.
Бирок Циньлин өз айтканынан кайтпас өжөр эле. 696-жылы ал Лянчжоуга (Апашанда)
каптап кирип, толук жеңишке ээ болгондон кийин тынчтык сунуштары менен элчини
жиберген. Циньлин төрт шаардан империялык гарнизондордун чыгарылып кетишин жана
Тибетке нушиби областын берип, империянын колунда дулу областынын калышын талап
кылган. Кытайлар мурунку тогон аймагынын кайтарылышын талап кылышкан, бирок
Тибеттин ички абалын эске алып, атайын сүйлөшүүлөрдү создуктурушкан24. Эсеп туура
болуп чыкты. Бири-бири менен чатакташуулар жана Тибеттеги мамлекеттик төңкөрүш Тан
империясын дагы бир жолу сактап калды.
Тибеттеги төңкөрүш. Улам бирине оошкон ийгиликтер менен узакка созулган согуш
Тибетти да, Кытайды да бирдей чаалыктырды, бирок чаалыгуунун мүнөзү эки мамлекетте
эки башка болгон.
Кытайдын коомчулук пикири чет өлкөлүк ээликтер үчүн согушка дегеле каршы
болгон, ал элге эмес, ошол убакта кадыр-баркын жоготкон империялык өкмөткө керек
болучу. Кытайлар кургак чөлдөр жана кар баскан тоолор менен алыскы жортуулдарга
чыгуу эмес, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк жана классикалык адабиятты окуу менен
бейкуттукта иш жүргүзүүнү каалашкан.
Душмандарынын көптүгүнөн империялык өкмөттүн тынчы кетти: арабдар орто
азиялык ээликтерге коркунуч туудурун, түрктөр бүткүл түндүктү басып алышты, чыгышта
нукрилер жана кидандар козголуп жатты. Аскерлер бардык жерде керек болучу, бирок өз
позициясын кармап калуу үчүн гана Тибетке каршы толуктоолорду жиберип турууга туура
келди. Ошондуктан империялыктар да тынчтыкты каалаган.
Тибеттин ичинде да биримдик жок эле. Өлкөгө жыл сайын чек аралардан олжо түшүп
турса да25, анын басымдуу көпчүлүгү Гар үй-бүлөсүнүн, т.а. Цинь-линдин туугандарынын
колуна тийип турган. Бул калган таасирдүү тукумдардын, ошондой эле эркин
жоокерлердин кеңири катмарларынын нааразылыгын туудурган 26 . Адатта болуп
келгендей, өкмөт башындагы уруунун душмандарынын көңүлү бул убакта такты ээлеп
туруп, бийликтен ажыраган цэнпого бурулган. Дудсрон бул убакта 25 жашка чыгып калган
эле. Дунхуандык хроникага ылайык, ал акылдуу эле жана чыккынчыларды катуу
жазалаган. Аны тибеттиктердин өздөрүнөн башка непалдык баатыр тоолуктар жана
Тибетти Тан империясынын репрессияларынан сактап калган батыш түркүттөр колдогон27
.
Циньлин Тибетке императордук элчиликтин келишине жол берүү менен каталык
жиберген. Тажрыйбалуу Кытай дипломаттары өкүмдар жана цэнпо менен тынчтык
жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып пара жана белектер менен башында цэнпонун
өзү турган кутумдун түзүлүшүнө түрткү беришкен.
Күрөш 695-жылы Дудсрон Гар үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн бирин өлүмгө тартканда
башталган. Өлүм жазасы аткарылгандан кийин дароо эле цэнмо (цэнпонун аялы) Гар үй-
бүлөсүнө баш ийген аракеттеги армиянын такка кол салуу коркунучун жоюу үчүн көп
адамдарды28, кыязы, өзүнүн туугандарын чакырган.
699-жылы кутумчулар курчап аңчылык кылууга чыгуу сунушу менен аскерлерди
чогултуп, өкмөттүн төрт миңден ашуун тарапкерлерин колго түшүрүп, баарын тең кырып
салышкан. Андан кийин Дудсрон өкүмдарды армиядан борборго чакырган, бирок ал
башына өлүм коркунучу түшкөндүгүн туюп, өзүнүн аскерлеринин берилгендигине
үмүттөнүп көтөрүлүш чыгарган. Бирок жоокерлер өз падышасынын (цэнпонун) урматына
өз полководецин таштап, туш-тушка тарап кеткен. Абалдын үмүтсүздүгүн көрүп Циньлин
өзүнө өтө берилген жүз шериги менен бирге өзүн-өзү өлтүрүшкөн. Тирүү калууну артык
көргөндөрү Циньлиндин уулунун башчылыгы менен Тан империясына өтүп кетишкен.
Аларды кадырлап тосуп алышып, чек аралык аскерлердин катарына киргизишкен,
анткени алардын Тибетке кайра өтүшүнө жол жок эле.
Абал таптакыр тескерисинче өзгөрдү. Тибет тажрыйбалуу полководецтеринен жана
эң мыкты аскерлеринен ажырады, Кытай 8 миң такшалган жоокерге ээ болду. Албетте,
империялык өкмөт Тибет менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү токтотту жана согуш бардык
фронттордо кайрадан башталды. Эми салмак ачыктан-ачык империя тарабында эле.
Кытайлардын өздөрү өз ийгиликтерин жаңы тибеттик полководецтердин
тажрыйбасыздыгына шылтоолошту. 700- жана 702-жылдардагы кол салуулардын мизи
тибеттиктер үчүн зор жоготуулар менен майтарылды29. Дудсрондун тынчтык келишимин
түзүү жана Кытай ханышасы менен никеге туруу жөнүндө өтүнүчү алтын жана жылкы
түрүндөгү алман менен бекемделди, бирок эч натыйжа бербеди. Чек аралык согуштарга
карабастан30 Тибетке өтүп келген Кытай дипломаттары цэнпо Дудсрондун башына түшкөн
жаңы кыйынчылыктар тууралуу өз өкмөтүн кабарлап турушту. Түштүк чек арадагы көз
каранды мамлекеттер — Непал, Индия жана башкалардын баары көтөрүлдү. Дудсрон
703-жылы индустарга каршы жүрүштө каза болду31. Жеңиш империя тарабында болчу,
бирок ал кечигип калды. Тибет-Кытай согушунан чыгыш түркүттөрдүн тукумдары — көк түрктөр пайдаланышты, алардын арасында 50 жыл бою тыным бербей дүргүткөн жана
кандын төгүлүшүнө алып келген нааразычылык бышып жетилген эле.
Цэнпо өлгөндөн кийин уруулардын көтөрүлүшү жана төбөлдөрдүн жаңжалы
кайрадан башталды, ал эми Дудсрондун бир тууганы Непалдын32 тагынан ажырады.
Бирок 705-жылы эле Ба жана Дро ак сөөк үй-бүлөлөрү тартипти калыбына келтиришти.
Ошентип Кытайга келген тибеттик элчи такка жаңы цэнпонун — Мэагцомдун33
отургандыгы тууралуу кабарлады. Анын убагында буддачылар өз позицияларын сактап
калды. Храмдарды куруу, ыйык китептерди которуу жана индус окумуштууларды34
чакыруу улантылып жатты. Буддизм менен бон жанаша жашоого көнүгүүгө аракеттенип
жатты.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 23:22

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: