Суперстан: Байыркы түрктөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Байыркы түрктөр

#41 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 13:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ЭЛДИН ЖАҢЫРУУСУ
Алтай тоолорунда. Тоолуу Алтайдын чыгыш бөлүгүндө азыр төлөнгүттөр жашайт.
Алардын ичине төлөс деген эски атын сактап калган сөөк (бөлүк) кирет. Төлөнгүттөрдүн
түндүгүндө токой татарлары (йиш-кижи), чыгышында — тывалар, түштүгүндө — казактар,
ал эми батышында — алтайлардын өздөрү (алтай-кижи) коңшулаш жашайт. Ашуулары
татаал бийик тоо кыркалары төлөнгүттөр жашаган райондун табигый чек арасын түзөт
жана алардын өз алдынча тиричилигинин үлүшүнүн сакталып калышына бир кыйла
даражада көмөк көрсөтөт, бул бөтөнчөлүк тилинен (алтай тилинин төлөнгүттүк бутагында
көп сандаган монголдук элементтер бар), ошондой эле өздөрүн башка алтай урууларына
каршы коюусунан билинет.
Чулышман, Башкаус жана Улаган өрөөндөрүндө жашаган түндүк төлөнгүттөр өздөрүн
теле деп аташат. Бул район түштүктөн бийик бөксө тоо менен, анын үстүнө кесип өткөн
эки тоо дарыялары — Кубадру жана Чибитсу дарыялары менен бөлүнүп турат. Түштүк
төлөнгүттөр Чүй дарыясынын төмөнкү агымы боюнча анын Катунга куйган жерине чейин
жашайт; алардын өздөрүнүн аты чүй-кижи (чүй кишилери).
"Төлөнгүт" деген термин "төлөс" деген терминден кеңири, анткени өздөрүн төлөстөр
деп атабаган калктын тобун да өзүнө камтып турат. Төлөстөр менен катар аз1
, сойон,
майма жана башка сөөктөрдүн аттары бар.
Төлөстөр бир кездерде үстөмдүк кылуучу сөөк болуп, өзүлөрүндөй эле эң байыркы эл
болгон төлөнгүттүн этностук атын өзүнүкү менен алмаштырган. VII к. төлөнгүттөр (кытайча
доланьгэ) Хангайда, Орхондон батыш жакта кеңири аймакты ээлеп турган жана теле
урууларынын бири деп эсептелген2
.
Төлөс деген аттын орхон жазууларында айтылган толистер менен окшоштугуна
Аристов3
көңүл бурган, бирок ал үстүртөдөн белгилөө менен гана чектелген, анткени бул
убакта орхондук "толис" термининин мазмуну табышмак болуп, айыгышкан талаш-
тартыштардын объекти болгон. Батыш ориенталисттери Томсен, Хирт жана Шабанн
толистерди кытай анналдарындагы телелер менен окшоштурушкан. Ал эми орус
окумуштуулары Бартольд, Мелиоранский, Аристов жана Грумм-Гржимайло толистерди
"телелерден ботончөлөнгөн" 4
тупкү түрк уруусу деп эсептешкен. Ошол эле убакта
өздөрүнүн көз карашынын тууралыгына терең ишенген батыш европалык окумуштуулар
кандайдыр бир ырастоочу фактыларды келтирүүгө өзүн кыйнабай турганда Аристов
этномимиканы изилдөөнүн негизинде телелердин тукумдары дегеле телестер5
эмес,
телеуттар болуп санала тургандыгын аныктаган, ал эми Грумм-Гржимайло тарыхый
материалдын6
негизинде ушундай эле тыянакка келген.
XVIII к. ортосунда ойроттордун букаралары болгон төлөнгүттөр маньчжурлардан
качып Батыш Моңголиядан Алтайга барган мезгилде төлөстөр төлөнгүттөр менен
бириккеи, анткени император Цян лун ойротторду акыркы киши калганча кырууга буйрук
кылган болчу. Төлөнгүттөр бара-бара VII к. ортосунан тартып жашап келатышкан жана бул
жакка түркүттөрдүн даңкынын жана көз каранды эместигинин акыркы коргоочусу Чеби
хан менен бирге келген телелер менен жуурулушуп кеткен7
.
Телелер өздөрүнүн ата-бабаларына — төлөс бөлүмүнүн түркүттөрүнө анча
окшошпойт, бирок бул табигый нерсе, анткени арадан өткөн миң жыл тик аска зоолор,
токойлор жана душмандар курчап турган эл үчүн бир кыйла өзгөрүштөрдү алып келген.
Бирок археология ата-бабалары менен тукумдарынын байланышын белгилеп жатат.
Бийик тоолордо бугуп жаткан чакан эл өзүнөн кийин эстеликтерди калтырбаса, тарых
үчүн таптакыр жоголуп кетер эле. Түркүттөрдүн төлөс бөлүмүнүн мүрзөлөрү Чыгыш
Алтайдын өрөөндөрүнүн дээрлик бардык талаа өрөөндөрүн каптап жатат. Алар таш
короолор деп аталышат. Капталында кылычы жана оң колунда табагы8
бар бет сөөктөрү
чыгып турган, чапанчан эркектердин таш бедиздери ошолорго окшош. Бул таш
короолордун ичинен өрттөлгөн сөөктүн калдыктары9
көп табылат. Мүрзөлөрдөн чыгышты
карай жерге орнотулган балбал таштар катар тизилип турат 10 . Бул өлгөн адамдын
эрдиктеринин эстеликтери — ар бир балбал ал өлтүргөн душмандын элесин берет. Көп
мүрзөлөрдүн балбалдары жок. Кыязы, ал жерде аялдардын жана балдардын күлү
көмүлсө керек.
Балбалдардын кескин айырмаланган эки формасы бар: бири шуштугуй, экинчиси
жалпак. Эгерде орхон жазууларындагы ар бир балбалда белгилүү адамдын элеси
түшүрүлгөндүгү жөнүндө жогоруда келтирилген далилди эске алсак, анда мындай
бөлүнүүнү кокусунан деп эсептөөгө болбойт. Көбүнчө бул жерде маанилүү этнографиялык
белги — баш кийим көрсөтүлгөн. Талаа адамдары азыр да төбөсү шуштугуй малакай, ал
эми алтайлыктар тегерек жалпак калпак кийип жүрүшөт11
.
Түркүттөр VII к. Алтайга келгенде алардын душмандары, бир жагынан, аборигендер —
алтайлар, ал эми, экинчи жактан талаа уруулары — казактардын ата-бабалары болгон.
Кыязы, түркүттөр VII—IX кк. эки багытта күрөш жүргүзүшсө керек, бул балбалдардын
элесинде чагылдырылган. Эгер бул адилеттүү болсо, анда биз талаа адамдары менен
күрөш бир кыйла ийгиликтүү болгондугун белгилей алабыз, анткени биз изилдеген 486
балбалдын ичинен 329 шуштугуй, ал эми 157 жалпак баштуу.
Кыязы, Чеби хандан кийин деле талаа көчмөндөрүнө капысынан жасалган
жортуулдар токойдогу ар бир даракты, коктудагы ар бир ташты билген тоолуктарга каршы
айыгышкан күрөшкө караганда ийгиликтүү өткөн окшойт. Ошондуктан, жалпак баштуу
балбалдар, адатта, шуштугуй баштуу балбалдарга караганда чоңураак.
Биз VIII—X кк. Түркүттөр-гөлөстөр12 жөнүндө тарыхый маалыматтарга ээ болбогон соң
кыймылсыз таштар бериши мүмкүн болгон бүдөмүк маалыматтар деле өтө баалуу;
албетте, бул күрөштүн майда-чүйдөлөрү бизди буйтап өтөт, бирок анын жалпы жүрүшүн
жана багытын аныктоо тарых илими үчүн зор ийгилик.
Жаңы чөйрөдө өткөргөн эки жүз жылдын ичинде эл өзгөрбөй койбойт. Түркүттөрдү
Алтай тоолоруна камап кирген мурунку кубаттуулукту калыбына келтирүүнүн алгачкы
идеясы кудуретсиз болуп, мезгил алардын үмүтүн актаган жок.
Талаада баш аламандык башталганда андан түркүттөр эмес, кидандар пайдаланып
кеткен; түркүттөр эми саясий майданга эч убакта чыкпай калган. Эмне үчүн? Бул суроого
бизге физикалык жана экономикалык география жооп берет.
Түркүттөр илгертен эле талааны байырлаган, малчы эл болгон. Алардын Чоң
Алтайдын түштүк боорлорундагы адегенде жашаган жери талаа мейкиндигин пайдалануу
мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан эмес, ал эми токой аларга чарбасынын негизги түрүнө —
көчмөн малчылыкка кошумча катары гана кызмат кылган. Тоолорго барып камалган алар
өздөрүнүн тиричилигинин негизин — малды сактап калышкан, бирок жайыт жери дарыя
өрөөндөрүнүн түндүк беттери менен чектелген. Малдын саны азайбай коё алган эмес,
ошондуктан түркүттөр өздөрүнүн тамак-аш булактарын аңчылык менен, бирок өтө
майнаптуу камалоо аңчылыгы менен эмес, жекече оор токой аңчылыгы менен толуктоого
аргасыз болушкан. Эл жаңы шарттарга ыкташуу менен мурункуга караганда бир кыйла
начар камсыз кылган чарбанын жаңы тибин түзүүгө тийиш болгон. Сибирдин түндүк
алкагындагы климат сыяктуу эле өтө катаал болгон Алтай бөксө тоосунун климатына
каршы күрөш андан да кем эмес күчтү талап кылган.
Натыйжада эл жаңы сапатка ээ болгон, ошентип, албетте, эски сапаттарын жоготкон.
Жоокер көчкүн малчылардан эркиндикти сүйгөн отурукташкан малчылар келип чыккан.
Кыскасын айтканда, түркүттөр телелер13 болуп калышкан. Бул бурулуш IX к. ортосуна туш
келет, ал убакта Кытайга элчиликтерди жиберүүнү эскирген салт, анын үстүнө эч
максатсыз эле күчтү сарп кылуу деп эсептешкен. Бирок бул чакан эл өз намысын коргой
алган. Наймандар чыгыштан жана батыштан телелердин ээликтерин курчап алгандыгына
карабастан, алар тоолуу Алтайдын чыгыш бөлүгүн ээлей алышкан эмес. Бул "Юань
чаомишиде" телелер 1207-жылы Жучу хан14 багынткан суверендүү уруулардын катарында
оозго алынгандыгынан көрүнүп турат. Ушуну менен телелердин өз алдынчалыгы токтогон.
Түндүк талааларда. Түндүктө, жаңыдан гана талкаланган талаада жана түштүктө,
граждандык "адилеттүү согуштун" убагында жеңилип алынган Кытайда аларды Тан
империясына бириктирип таңып турган темир алкакты бузуп кетүүгө коркунуч туудурган
калыбына келтирүү процесстери дүркүрөп жүрүп жатты. Гоби чөлүнүн эки жагында жаңы
элдер — көк түрктөр жана турмуш-тиричилиги боюнча жакын, умтулуулары жана
маданияты боюнча бөтөнчө уйгурлар калыптанып жатты.
Талаа—жашоо үчүн жарактуу жай. Талаанын борбордук бөлүгү токой өскөн тоо
кыркалары менен бөлүнгөн, мунун өзү ландшафттын ар түрдүүлүгүн жана чарбаны
өнүктүрүү үчүн бай мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бирок талаанын түндүк жагынан жашоо үчүн
жарамсызыраак, ал эми чарбаны өнүктүрүү үчүн минималдуу мүмкүнчүлүк берген тайга
тутумдаш жатат. 'Тайга деңизи" — токой талаасын токой тундрасынан — циркумуюлдук
уруулардын жашаган жайын бөлүп турган токой массиви үчүн эң ылайыктуу аталыш.
Талаа түндүккө карай салааланып созулуп жатат. VII—VIII кк. өзүнүн мааниси боюнча эң
маанилүү район Эне-Сайдын жогору жагы болгон. Ал жакта түрктөрдүкүнө да,
уйгурлардыкына да бирдей окшобогон кыргыздардын чет-жакалык маданияты түзүлгөн.
Тилинин жана жазуусунун окшоштугуна карабастан кыргыздар өздөрүнүн кээ бир
өзгөчөлүктөрү боюнча түрктөрдөн да, уйгурлардан да алыс болгон. Алар бирдей
аралыктагы үч бурчтуктун үчүнчү чокусун ээлеп тургансып, бирдиктүү бүтүндүктү, жалпы
өнүгүүгө шарт түзгөн бүтпөгөн күрөштүн гармониялуу оорчулугун түзгөн.
Кыргыздар түндүгүнөн, чыгыштан жана түндүк-батыштан Ортолук Азия менен эч бир
жалпылыгы болбогон элдер менен, туурасын айтканда, уруулар менен чектешкен. Бул
байыркы сибирдиктер коңшуларына өзүн карама-каршы коюп, бири-бири менен жалпы
тил тапкыдай эч кандай бүтүндүктү түзүшкөн эмес. VIII к. Сибирдин этностук ар түрдүүлүгү
XVIII к. караганда бир кыйла көп болгон. Кавказ тоо кыркасында ар түрдүү элдердин көп
сандаган калдыктары өздөрүнө жай тапкан сыяктуу эле, сибир тайгасында да 2000 жыл
ичинде мунун алдында интенсивдүү өнүгүүнүн жолунда турган15уруулардын калдыктары
жашоосун уланта берген. Кыргыз аймагынын жаратылыш шарттары менен катар сибир
тайгасынын урууларына түздөн-түз жакындыгы Кыргыз дөөлөтүнүн өнүгүшүнүн
мүмкүнчүлүгүн жана багытын аныктаган. С.В.Киселевдун изилдөөсүнө ылайык Кыргыз
хандыгы бир канча уруулардын бирикмеси болгон, алардын башында каган турган.
Кыргыз хандыгынын чек араларынын түндүктөгү изин булактар төмөндөгүдөй
аныктайт: "Түштүк-батышта Гэлолуга чейин", т.а. карлуктарга чейин (демек, кыргыздар
Томинин жана Бийдин жогору жактарында, Салаир тоо кыркаларына чейин); чыгышта
Гулиганиге чейин16 (т.а. жогорку Ангарада жашаган курыкандарга чейин); түндүктө алар менен кыргыздардын өздөрүнө саны боюнча бар болгону үч эсе аз чакан эл — бом же
йелочжи "көп убакта согушуп турган"17
.
Бомдор жылкы өстүрүшүп, алардын жардамы менен жер айдашкан, жыгач үйлөрдү
курушкан, бирок мамлекет түзгөн эмес, ар бир урууну өз жолбашчылары башкарган.
Бомдордун кебетеси кыргыздарга окшош болгон, бирок башка тилде сүйлөшкөн. Кыязы,
бул табышмактуу эл Алакчин18 өлкөсү жайгашкан төмөнкү Ангара өрөөнүндө байыр алган
окшойт. Демек, Кыргыз хандыгынын түндүк чек арасы Красноярскиден бир аз түндүгүрөөк
жактан өткөн.
В.В. Бартольд бомдор эне-сайлык остяктар, т.а. кеттер болгон деп болжойт, аларга
түштүктөн кубаттуу килики элинин 19 кол салгандыгы жөнүндө уламыштар сакталып
калган.
Кыргыздардын хандыгынын белгиленген гипотезалык түндүк чек арасы "Таншунун"
көрсөтмөлөрүндө ырасталган: "Бардык дарыялар (Эне-Сайдын бассейни) түндүк чыгышка
агат. Хягастан өткөндөн кийин алар кошулуп, түндүккө агат". Кеп Эне-Сайдын Ангара
куйган жерден бир аз төмөнүрөөктөгү бурулушу жөнүндө жүрүп жатат. Мындай учурда
чек ара түрк элдеринин угро-самодий жана эвенк элдери20 менен азыркы этнографиялык
чек арасы боюнча туш келет.
Чыгыш чек арага токтолсок, ал экөө болгон: негизгиси, биринчиси Чыгыш Саяндын
этектери менен, ал эми экинчиси — Ока (Ангаранын куймасы) жана Ангаранын
дарыяларынын суу бөлүгү боюнча өткөн. Бул эки чек аранын орто аралыгында үч уруу:
дубо, т.а. тывалыктар, милигэ, т.а. меркиттер жана эчжилер — косоголдук урянхайлар
ачжен21 жашаган. Мына ушул токой урууларына кыргыздар жортуул жасап, туткундарды
кулга айландырышкан. Токой уруулары эзүүчүлөрүнө түнкүсүн кол салуу менен жооп
беришкен, бирок ийгиликтүү каршы көрсөтүү үчүн уюмдаша алышкан эмес. Анын эсесине
тийиштүү соккуну кыргыздар Ангарада жашаган курыкандардан алып турган. Дал экинчи
чек арада оор, токтобогон согуш жүрүп турган, анын үстүнө саяндык токой уруулары
курыкандар — "курумчылык темир усталар" менен биригишкен.
Кытай тарыхый салты курыкандарды уруулардын теле тобуна таандык кылат жана
алардын тилинин кыргыз тилинен айырмачылыгын белгилейт 22 . Курыкандар —
якуттардын23 ата-бабалары, ал эми хакастар — кыргыздардын тукуму экендиги аныкталды
деп эсептеген соң, бул бизди таң калтырууга тийиш эмес: бул эки тил сөздүк тутуму жана
фонетикасы24 боюнча бир кыйла катуу айырмаланат жана "чет элдер" жөнүндө маалымат
чогулткан лингвистика жагынан сабатсыз кытай офицерлерине айырмачылык
грамматикалык түзүлүшүнүн окшоштугунан олуттуудай көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан
курыкандарды уруулардын теле тобунан бөлүп алууга негиздер жок.
Бул телелердин жогорулашынын доору болуп, ал убакта турмуш-тиричиликтин,
идеологиянын жана социалдык мамилелердин татаалдашуу процесси жүрүп жаткан.
Ушул доордо баатырлар жаралган. Алардын бир бөлүгү тарыхый эстеликтер үчүн курман
болгон, бирок Кытай летопистеринде маалыматтар кирген кээ бирөөлөрү укум-тукум үчүн
сакталып калган.
Сибирдеги археологиялык иштер курыкандардын таркашынын ареалына
археологиялык "курумча маданияты" ылайык келе тургандыгын белгилөөгө мүмкүндүк
берди, анын географиялык борбору жыш отурукташкан жээктери менен бирге Байкал
болгон, ал эми анын таркашынын негизги областы Ангаранын жана Ленанын жогорку
агымынан Ольхон25 аралдары менен бирге Байкалга чейин болгон.
Курыкандар бир кыйла жогорку сапаттагы темирди эритишкен жана чыңашкан,
чептерди курушкан, алардын урандык тары азыркы убакка чейин сакталып калган, үйүр-
үйүр асыл тукум жылкыларды өстүрүшкөн жана чопо идиштерди жасашкан. Алардын
искусствосу кыргыздардыкына, кийими жана жазуусу түрктөрдүкүнө26 окшош болгон.
Теле уруулары өзүнүн тарыхый жолунда жашаган жерлерин бир канча жолу
алмаштырышкан. VII к. ортосунда алардын жайгашуусу төмөндөгүдөй элестетилет.
Хангай тоолорунда батыштагы Цзабхан дарыясынын жана чыгыштагы Орхондун
башаттарынын ортосунда доланьгэ-төлөнгүттөр, Селеңга дарыясынын баш жагында —
сыгеизгилдер27, Селеңга менен Орхондун ортосунда тунло-тонгралар, Селеңганын жана
Орхондун чаттарында — пугу-бугулар, Толой менен Орхондун ортосундагы талаада —
уйгурлар, Керуленден түндүк жакта, Хэнтей менен Хингандын ортосунда — байегу-
байыркулар, Селеңга дарыясынын өрөөнүндө, пугудан батыш жакта — сыгелер,
байыркудан түштүк жакта — байсилер, Забайкальеде гулиган-курыкандар, Алашан
тоолорунда — аде-эдиздер, Ордостон батыш жактагы талааларда хунь жана кибилер
жашаган.
Теле урууларынан түндүк жакта, жогорку Эне-Сайдын бассейнинде кыргыздар, ал эми
Забайкальеде — бизге белгисиз гүйлобо уруусу жашаган.
Чыгыш Хангайга, Өтүкен токоюна талкалоодон аман калган түркүттөр зордоп
отурукташтырган болучу, бирок алар ал жакта бир аз санда болушса керек28. Түрктөрдүн
көпчүлүк бөлүгү аларга биригип кеткен сирлер менен бирге Ордостон түндүк жана чыгыш
жакка, Иньшандын тоо кыркаларына чейин жайгашкан. Гоби чөлү түндүк көчмөн
жайларды түштүк көчмөн жайлардан деңиз сыяктуу бөлүп турган. Бирок бул жакта да,
тигил жакта да көчмөндөрдү кытай акимдери башкарып турган.
Жуңгарияда жана Жети-Сууда төмөндөгүдөй элдер жашаган. Кара Эртыштын2930 жана
Урунгунун бассейндеринде — карлуктар31, Борбордук Теңир-Тоодогу Иле дайрасында —
түргөштөр, ал эми алардан батыш жакта — шунишилер, Түштүк-Батыш Жуңгарияда —
нешетилер, Манас дарыясында жана андан чыгыш жакта — хулушилер, Түштүк
Жуңгариянын чыгыш бөлүгүндө — басимилер (басмылдар)32 жана ошол эле жерде
шатолор — орто азиялык хуннулардын33 калдыктары жашаган.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча катары орхон жазуусу кенгерес эли
жөнүндө баяндайт, аны менен 710—711-жылдарда түргөштөр согушкан. Булар
печенегдердин өздөрү болгон, алардын өз аты каңгар34. Алар Сыр-Дарыянын төмөнкү
жана ортоңку агымдарында жашаган.
Кара Эртыштагы карлуктар менен Сыр-Дарыядагы печенег-каңгарлардын ортосунда
кең талаа жатып, анда ошол убакта кыпчактар отурукташып калган. Мына ушундан
азыркы убактагы Казакстандын талаа тилкеси Дештикыпчак — Кыпчак талаасы деп аталып
калган. Бул жерде кыпчактар каңгарлар (каңглдар) менен аралашып, чыгышта кыпчак
деген ат менен, Европада — коман, ал эми Россияда — половецтер деген ат менен
белгилүү болгон элди түзгөн. Түштүктө, Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын ортосунда
алардын төмөнкү агымында түрктөшүп кеткен арийлер, парфяндардын эң жакын
туугандары — түркмөндөр, же гуздар жашаган. Мына ушул тизме менен Ортолук Азиянын
өтө ири уруулук бирикмелери гана бүтөт. Майдалардын ичинен кээ бирлерин биз аты
боюнча, маселен аздарды35 , чикилерди36
, абарларды37 жана башкаларды билебиз.
Кыязы, көптөгөн майда уруулар кытайлык, ошондой эле европалык палеоэтнографиянын
көз жаздымында калган болуу керек. Буга өкүнүүнүн кереги жок, анткени тарыхта өз
ролун ойногондор анын анналдарында кала берген.
Уруулардын сандык курамы өтө аз болгон. 688-жылы уйгурлар өз көз каранды
эместиги үчүн түрктөргө каршы чыкканда, алар бар болгону 6 миң жоокерди чыгара
алышкан38. Мындай жооптуу учурда согушка бардык жарактуу эркектер, т.а. калктын 20%
көтөрүлгөн деп ойлоого болот. Демек, бүт калктын саны болжол менен 30 миң адам
болгон. Бирок бул эң ири уруу болгон, башкалары бир кыйла аз болгон. Демек, бир канча
миң, ал түгүл бир канча жүз адамдан турган уруулар болгон деп болжоо керек.
Уйгурларга кайтып келели. Жогоруда көрсөтүлгөн 30 миң адам тогуз бөлүмдү түзгөн.
Мына ошентип, ар бир бөлүмгө 3,5 миң чамасындагы адам туура келген. Экстенсивдүү
мал чарба болгондо адамдардын мындай саны чарбалык-уюштуруу бирдигин — огузду
түзө алмак. Мындай деп түшүндүрүү уйгурлар чыгарган 50 миң атчандар жөнүндө
кытайлык маалыматка гана карама- каршы келет, бирок апыртып жибермейи кытайлар
салт боюнча жакшы көргөндүгүн эсте тутуу зарыл. Арийне, 628-жылы уйгурлар түрктөргө
каршы бар болгону 5 миң жоокерди39 (кыязы, апыртылбастан), 688-жылга караганда 1
миңге аз чыгаргандыгы кызык. Бул цифралар кытай булагынын апыртып жиберме жагын
ашкерелейт.
Хуанхэнин жээктеринде. 630-жылы туткундалган жана "бир канча жүздөй
бүлүнгөн боз үй" 40 катары 631-жылы Алашанга 41 көчүрүлгөн түрктөрдүн тобуна
кайрылалы. Андан кийин, кытай тарыхчысынын пикири боюнча, алар ушунчалык
"тукумдап" 42, 641-жылы эле Сымо хандын "100 000 эли, эл ичинде 40 000 катардагы
жоокери жана 90 000 баш жылкысы"43 болгон, ал эми 679-жылы түрктөр көтөрүлүш
чыгарып, Империяга каршы күрөшүүгө күчү жетип калган.
Адамдар ушунчалык ылдам көбөйө албастыгы статистикадан белгилүү, бирок булакта
бирдеме киргизилбей калган, бирок биздин бактыбызга жараша "Селеңга ташынын"
жазуусунда бир сөз калктын мындай түшүнүксүз өсүшүнүн табышмагын камтып калган.
Анда 80-жылдарда кагандыкты калыбына келтирген түрктөр "түрк-кыпчактар" 44 деп
аталган.
Байыркы заманда кыпчактар Алтайда, кытайлар Чжелян 45 деп атаган өрөөндө,
жашаган, бул сөзсүз "Жилан" — жылан деген сөздүн транскрипциясы (ушундан Жылан
тоосу жана Змеиногорск шаары) болуп саналат. Грумм-Гржимайло аларды динлин
уруусунун бома46 бутагы деп эсептейт. Кыязы, алар түркүттөрдүн бийлиги астындагы
элдердин ичинде болгон окшойт, 630-жылы жеңилүүнүн кайгысын бирге бөлүшүп, башка
жеңилгендердин арасында өзүнүн мурунку мырзалары менен бирге Алашанга
көчүрүлгөн. Албетте, бул бүткүл эл эмес, анын кандайдыр бир бөлүгү болгон, анткени
калгандары каңглдар менен аралашып, кийин коман же половец47 деген ат менен
белгилүү болгон элди түзүшкөн.
Ашина хандарынын калыбына келтирилген ордосунун экинчи компоненти сирлер
болуп чыккан, булар сеянтонун тукумдары, бул Тон-йокуктун жазуусунан ачык көрүнүп
турат, анда "түрксир будун", т.а. түрк сир эли деген сөз бар.
646-жылы сеяньто хандыгы империялыктар жана алардын союздаштары уйгурлар
тарабынан талкаланып, эли аёосуз кырылууга дуушар кылынгандан кийин сеянтолордун
калдыктары Бейшан тоолору боюнча тарап кеткени жана алардын түркүттөрдү
илгертеден жек көрүүсү кытайларды андан бетер жек көрүү менен алмашкан.
Ошондуктан алар түрктөргө жакындап, алардын туусу астында мурунку даражасына ээ
болууга жана өздөрүнө ушунчалык таш боордук кылган кытайлардан өч алууга
үмүттөнгөндүгүндө таң каларлык эч нерсе жок.
Мындан тышкары Ордосто жана Алашанда түштүк хуннулардын калдыктары жана
башка түрк тилиндеги уруулардын калдыктары жашаган. Алар да Ашинахандарынын
ордосун көбөйткөн. Жортуулдаржоокерлерди жакындатып, өлүм алдында сунулган кол
өмүрдүн өбөлгөсү болуп калган. Алыскы талааларда тезек жагылган кичинекей оттун
жанында сир бир кесим акыркы сүрсүгөн этин түркүт менен бөлүшкөн, уйгур татабдын
жарасын таңып, ал эми тангут душмандын арканы менен кармалган эдизди куткарып
калган. Бир убактарда бири-бирин жек көргөн уруулар эми кол кармашып, чыгышта жана
батышта согушка барышкан, ошентип тагдырдын жалпылыгы ар башка уруулук тектин
бөгөттөрүн жойгон. Албетте, алар аталары бири-бири менен салгылашып келгендигин
унутушкан эмес, бирок турмуш-тиричиликтин чыгармачылык күчү эскирген аң-сезимдин
тамырын үзгөн. VII к. 50-жылдарында эле мурунку кастарды досторго айландырып, ал эми
жыйырма жыл өткөндөн кийин алардын балдары боордошуп, бир элге — "көк түрктөргө"
биригишкен.
Аларды эми түркүттөр деп атоого болбойт, бул "turk kara kamy budun" — "бүт
(бүтүндөй) түрк эли", ал өз ата-бабаларынан көп нерсени мураска алышкан, бирок
башкалардан да көп нерсени кабыл алган. Ал Азиянын тарыхында өзүнүн чечкиндүү сөзүн
айтып, тарыхтагы көчмөндөрдү башкаруу үчүн эки акимдиктин: Гобиден түндүккө карай
"Байкал" , түштүккө карай "Шаньюе" акимдиктеринин аргасыз түзүүчүсү Тайзцун Ли Ши-
минь алдын ала көрө билбегидей кылып бурган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   eldar96   20 Сентябрь 2018 - 13:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

egiz-jigit (18 Сентябрь 2018 - 20:08) жазган:

Сонун уланта бер Кыргыздар жонундо да бир деме барбы

Оба бар.
Китепте 400-900 жылдар аралыгындагылар тушурулгон. Китептин акырларында коп кездешет адашпасам.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   eldar96   21 Сентябрь 2018 - 09:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КУТЛУГДУН КӨТӨРҮЛҮШҮ
Эмне үчүн? Зор империянын борборунда туруп башка бардык элдерге
салыштырганда дегеле эзүүгө дуушар кылынбаган түрктөр тагдырына ыраазы болушу
керектей көрүнгөн эле. Бирок мындай болбоду. Тескерисинче, VII к. 70-жылдарында
алардын нааразылыгы ушунчалык өсүп, алар өздөрүнүн салыштырмалуу жеңил турмушун
салгылашууда берилген кечирүү өлүмдөн да оор болгон азиялык кандуу согуштун болуп
көрбөгөндөй оорчулугуна алмаштырышты.
Көтөрүлүш дайыма эле оор иш болгон, ал эми өкмөттүн күчү сан жеткис болуп,
көтөрүлүштүн зонасы айланта курчалып, сырттан эч кандай жардам болбой калган учурда
бул ого бетер оор иш. Эгерде мына ушундай ыңгайсыз шартта көтөрүлүш башталып гана
тим болбостон ийгиликке да жетише турган болсо — бул күтүлбөгөн көрүнүш.
Ошондой болсо да изилдөөчүлөрдөн эч кимиси 679—693-жылдардагы түрк
көтөрүлүшүнүн ийгиликтеринин себептери жөнүндө суроо койгон жок. Н.Н.Козьмин бул
жерден ири феодалдын жерлерди топтоштуруусун көрүп, ал турган жерди Алтай1
деп
божомолдойт. Бул каталык талаш-тартышка арзыбайт жана аны андан ары талкуулоонун
зарылдыгы жок.
А.Н. Бернштам түрк аристократтары феодалдашып кетип, өз элин эзүү укугу үчүн2
Кытайга каршы чыгышкан деп эсептейт. Буга жазуулардын тексттери, ошондой эле
окуялардын жүрүшү да карама-каршы келет. Ушунчалык теңдешсиз күрөштө ийгиликке
жетишүүнүн себептери жөнүндө маселеге ал көңүл бурбайт. Г.Е.Грумм-Гржимайлонун3
талдоосу бир кыйла терең, бирок ал түздөн-түз түрк иштери менен гана чектелет, ал эми
көп нерсе ошол мезгилдеги эл аралык саясатта бугуп жаткан; Чанъяндын сарайындагы
интригалар да кем эмес мааниге ээ болгон.
Ошондуктан биз кырдаалдардын айкалышына, замандаштары берген түшүнүктөргө
жана окуялардын жүрүшүнө көз салып, аларды тарыхый сындын талкуусуна салуубуз
зарыл. Бардыгын, ал түгүл майда окуяларды да майда-чүйдөсүнөн бери териштирүү гана
гипотезалардын сормо сазынан бардык фактыларды эске алуу менен курулган тыянактын
бекем кыртышына алып чыгууга мүмкүндүк берет.
Элдик көтөрүлүш. 679-жылы Шаньюево акимдигинин түрктөрүнүн арасында
кытайлар үчүн күтүлбөгөн көтөрүлүш чыкты. "Таншу" окуялардын себептерин, шылтоосун
жана башталышын бир гана "козголоң чыгарышты" 4
деген сөз менен берет. Эч кандай
түшүндүрүүлөр келтирилген эмес.
Бирок түрктөр өздөрү өздөрүнүн жүрүш-туруштарын өтө кенен жана ынанымдуу
түшүндүрүшөт: "табгач элине алар (түрктөр) өзүнүн эркектик чың тукумдары менен
кулдар, өздөрүнүн таза аялдык тукумдары менен күндөр болуп калышты. Түрк
өкүмдарлары өздөрүнөн түрк ысымдарын алып салып, табгач титулдарын алышып, табгач
элинин каганына баш ийип калышты. Алар ага элүү жыл бою эмгегин жана күчүн берип
келишти. Алар күн чыгышка карай Бокли-каганга (Мукри, кытайча Мохэ, Маньчжурияда
жана Амур жээгинде) чейин алга карай согуш менен барышты, артка, т.а. батышка алар
Темир-капыга (657— 658-жылдарда Орто Азиядагы Бузгал өткөөлү) чейин согуш менен
барышты жана табгач каганына өз дөөлөтүн жана мыйзамын (салтын) беришти. Бүткүл
түрк эли мындай деп айтты: "Мен дөөлөттүү эл элем, менин дөөлөтүм кайда? Мен ким
үчүн башка дөөлөттөрдү алып жатамын?" Алар мындай деп айтышты: "Мен каганы бар эл
элем — менин каганым кайда? Мен кайсы каганга эмгегимди жана күчүмдү беремин?"
Алар ушундай деп айтышты жана ушундай деп айтуу менен табгач каганынын душманы
болуп калышты"5
.
Окуялардын жүрүшүн ушундай түшүнүү Онгин эстелигинде камтылган: 6
"Өзүнүн
падышалык кылган каганын таштады (таштап кетти)7
, андан кийин түрк эли алга карай
чыгышка, артка күн батышка; түштүккө карай табгачтарга жана түндүккө карай чытырман
токойго (тоо тайгасына) чачырап кетти8
. Баатырлар балбал (болууга)9
аргасыз болушту (т.а.
душмандар тарабынан өлтүрүлүүгө. — Л.Г.). Түрк элинин аты төмөндөөгө бет ала
баштады. Ошондо ... Теңир10 мындай деп айтты: "түрк эли жок болбосун, курмандык
болбосун" .
Эстелик 716-жылдан кийин көп убакыт өтпөй тургузулган жана кыязы, Күл-тегиндин
жазуусу менен дал келгендиги кокусунан эмес окшойт. Муну көтөрүлүштүн себептеринин
расмий версиясы деп ойлоого болот.
Түрк тексти түрк коомунун жетекчи бөлүгүнүн көз карашын чагылдырса да, кыязы, ал
чындыкка жакын окшойт. "Таншунун" маалыматтарына караганда уруу аксакалы Ашидэ
көтөрүлүш чыгаргандан кийин ага дароо эле бардык 24 округдун уруу аксакалдары
кошулуп кеткен. Кытайлар үчүн көтөрүлүш таптакыр күтүлбөстүк болгон, анткени "отуз
жыл бою түндүк өлкөлөрдө согуш чуусу угулган жок эле"11. Өз ханынын жана өз элинин
талабы Тан империясынын негизги, талааны Кытай менен бириктирүү идеясы кудуретсиз
болуп чыккандыгын көрсөтүп отурат. Көчмөндөрдүн психикасы кытайдыкына таптакыр
окшобогондуктан алардын жуурулушуп кетиши мүмкүн эмес эле.
Көтөрүлүш чыгаруу менен түрктөр үмүтсүз авантюрага барышкан: алар мамлекеттин
чок ортосунда болуп, туш тарабынан душмандар менен курчалган эле, алардын тылы да,
союздаштары да, сан жагынан артыкчылыгы да болгон эмес. Муну алардын өздөрү да
түшүнбөй коё алышкан эмес, бирок баары бир көтөрүлүш чыгарышты! Мында
кытайлардын да, түрктөрдүн да булактары таарынычтар же эзүү жөнүндө кеп кылбайт.
Жазуу түрктөр өз турмушун жакшыртуу үчүн эмес, жапайы эркиндик жана бийлик үчүн чыгышкандыгын түздөн-түз көрсөтүп турат. "Табгач мамлекетине өз эмгектерин жана
күчүн берүүнү ойлобой түрк эли (turk budun): "Андан көрө өзүбүздү өзүбүз өлтүрүп, жер
менен жексен болуп жок болобуз", — деп айткан. Ошентип алар өлүмгө баш байлап
коюшту" 12 . Жазуу түрк элинин сыймыктуу ар-намысы баш ийип берүүгө чыдагыс
экендигин айкын белгилейт. Ал ушунчалык мазактагандай сезилип, бүткүл түрк эли кызуу
кандуулукка алдырган үмүтсүз согушка жулунуп кирген. Өтө катуу толкугандыктан,
адегенде көтөрүлүшчүлөр ийгиликке жетишкен. Ашина хан тукумунун ханзаадасы Нишу-
бегди хан көтөрүштү 13 жана көтөрүлүштү басуу үчүн сейил кургансыган маанайда
бараткан жазалоочу аскерлерди талкалап салышты. 10 миңге жакын кытай жоокерлери
курман болуп, туткунга түшүп беришти, ал эми калгандары чогулуп курчоону бузуп
чыгышты14
.
Көтөрүлүшчүлөрдүн саны 100 миң кишиге 15 жеткен (албетте, шарттуу түрдө,
"кытайлык" эсептөөдө16; демек, 12 миң чамасында). Кийинки, 680-жылы көтөрүлүштү
басууга түрктөрдүн күчүнөн үч эсе ашкан армия жиберилген. Түрктөр аны тылынан
айланып өтүп, азык-түлүк тартып бараткан кирелерин талкалаган, мунун натыйжасында
кытай аскерлерин ачкачылык каптаган. Бирок тажрыйбалуу полководец Пэй Хин-кянь
тузак даярдап койгон эле: ал жүк тарткан кирени душмандар ээлеп турган жер менен анча
бекем эмес сакчылардын кайтаруусу астында жөнөткөн. Түрктөр сакчыларды кууп
таратып, кирени талап-тоной баштаган; ошондо аларга киреден бир аз алыстыкта байкоо
салып бараткан тандалма аскерлердин отряды кол салып, түрктөрдү акыркы жоокерине
чейин кырып салган. Бул жөнүндө каңшаар туш-туш жакка тарап, ошондон тартып кытай
кирелери согушуп жаткан армияга азыктарды эркин ташып келе баштаган.
Демилгени өз колуна алып, Пэй Хин-кянь сан жагынан артыкчылыкты пайдаланып,
көтөрүлүшчүлөрдү Хэйшань тоосунун этегинде курчоого алган. Салгылашуу көп сандаган
кагылышууларга келип такалып, бул салгылашууларда кытайлар толук жеңишке ээ
болушкан17
Ошондо дароо эле суу жүрөк коркоктор баш көтөрүп, 680-жылдын жазында 18
жеңүүчүгө хандын башын алып келип, өздөрү баш ийип берген. Бирок көшөргөн
кайраттуулары күрөштү уланта беришкен. Алар Сары дарыя аркылуу кечип өтүп, хан
жарыяланган ханзаада Фунянды19 бардык уруулар тааныган. 681-жылы түрктөр жортуул
жасап, Хин-кянь кайрадан аларга каршы аттанган. Түрктөр "Кара чөлгө" карай чегинип,
чалгындоонун маалыматтары боюнча ачкачылыкка туш келген. Анын үстүнө
көтөрүлүшчүлөрдүн катарында талаш-тартыш башталган: Хан менен жолбашчы Вынь-
бегдин ыркы келишпей, көтөрүлүшчүлөр жикке бөлүндү. Бирок жеңил куралданган кытай
отряддарынын бири катуу каршылыкка туш келип, полководец аскерлерин таштап качып
кеткен. Полководец таштап кеткен черүүлөр да душмандан качкан, ошентип өлгөндөр
"жарым күн көмөрөсүнөн жаткан"20
.
Фуняндын тактикасы туура болгон: душмандан куйругун үзүүгө тырышып, ал түндүк
жакка чегинген, бирок анын аялдары жана балдары бараткан кире Хин-кяндын жеңил
атчандары тарабынан колго түшүрүлгөн. Туруктуу атчандар кууп жеткенде ачка жана
кыйналган көтөрүлүшчүлөр түндүккө карай самсып бараткан эле. Ийгиликсиз
салгылашуулардан улам көтөрүлүшчүлөрдүн маанайы ого бетер басаңдап, Фуняндын
аргасы түгөнөт, анткени чөлдөн түндүктөгү уйгурлар түрктөрдү колго курал алып каршы
тосуп алууга даярданып жатышкан эле. Өзүнө жана өзүнүн шакирттерине мунапыстык
жөнүндө макулдашып, Фунян колго түшүп берген21. Бирок кытайлар убадасына турушкан
жок. Чанъяндын Чыгыш аянтында көтөрүлүштүн жолбашчысынын башы алынган. Элдик
кыймыл туруктуу атчандардын туяктарынын тепсендисинде калган.
Чоң түрк жазуусу тарыхтын бул барагы жөнүндө күңүрт баяндайт: "...ошентип алар
өлүмгө баратышты" . Бирок бул окуя жөнүндө Тон-йокуктүн жазуусу бир кыйла кеңири
баяндайт: "Ханы болбогон түрк эли Табгач мамлекетинен бөлүнүп чыкты, өз ханы бар элге
айланды: өз ханын калтырып, кайрадан Табгач мамлекетине баш ийип берди. Теңир
мындай деп айтты: "Мен сага хан бердим, сен өз ханынды таштап башкага баш ийип
кеттиң, мунун кесепетинен сени Теңир урду, өлтүрдү деп ойлоого болот". Түрк эли
бошоңдоп, күчтөн ажырап, жокко айланды"22. Кытай жана түрк версиялары дал келет.
Эми мында эмне болгондугун териштирип көрөлү. Көтөрүлүш массалык, элдик
болгон, ошентип анын тагдыры ушул кыймылдардын тагдырындай болду. Түрктөрдун
тартиби да, даярдалган аскер башчылары да болгон эмес. Алар ылдам жүрүшкө жараксыз
өз киресине көз каранды болгон, анткени кирелер өгүздөр кошулган арабалар болгон. Ал
эми айланадагылардын баары душман. Уйгурлар же Халхадагы токуз-огуздар
императордун ишенимдүү малайлары болгон, анткени аларга дайыма сыйлыктар жана
белектер жаандай жаап турган, ал эми түрктөрдү кыйнап жаткан мурунку колдон чыккан
зор бийлик жөнүндө эскерүү уйгурларда болгон эмес. Эркиндикти сүйгөн уйгурлар али
кубаттуу дөөлөтүн түзүшкөн эмес жана буга умтулушкан да эмес: тибеттиктер болсо алыс
эле. Көтөрүлүш жеңилүүгө дуушар болуп, бирок жаңы формада улантылып жатты.
Көтөрүлүш жогорулоодо. Түрктөрдү талкалаган учурдан тартып бир жыл өтпөй
эле согуш жаңы жолбашчылардын жетекчилиги астында башкача түргө ээ болду. Мурда
көтөрүлүштүн башчылары уруу аксакалдары болуп, артынан урууларын ээрчиткен болсо,
эми бул жолу аристократтардын калдыктары жана кытай билимин алган сабаттуу түрктөр
чыгып жатты. Бул кандайча болгондугун карап көрөлү. Таншу" төмөндөгүлөрдү кабарлайт:
"...682-жылы Гудулу (Кут-луг) да көтөрүлдү. Гудулу Хйелилердин (Кат Иль-хандын) алыс
тууганы, Хань-ли Юаньин муунунун башчысы болгон... Ал мурас боюнча тутун (тутун —
байыркы түрктөрдүн офицердик чини) наамын алган.
Фунян кулагандан кийин, баары туш тарапка таркап, Цзунцайшан тоолорунун этегине
байырлашкан жана Хэйшачен шаарчасын курушкан. Алардын саны 5000 кишиге чейин
жеткен. Гудулу тогуз урууну (т.а. уйгурларды же токузогуздарды23) талап-тоноп алган жана
аз-аздап жылкыга өтө байып кеткен, ошондуктан өзүн хан деп жарыялаган. Инилеринин
ичинен Мочжого (Мочурга) шад наамын, ал эми Дусифке (Түзөл-бекке) ябгу наамын
берген. Ашидэ Юань-чжень (кытай билимин алган түрк) иш башкаруучу Ван Вэнь-ли
тарабынан камакка алынган. Гудулу учурдан пайдаланып качып кеткен. Юань-чжень
муундарды күнөөсүнөн арылууга ынандырууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Буга уруксат
берилген. Муундар тез эле багынып бергенден кийин Гудулу алар менен кутум уюштуруп,
натыйжада бардык аболор жана дагандар (тархандар) катардагылар кошулуп калган"24
.
Тексттин мааниси айкын. Кутлуг "канкор эскиликтин достору" бөлүгүнө таандык болгон,
ал императордук армияда кызмат өтөгөндөн бери кээ бир нерселерди унутуп, кээ бир
нерселерге үйрөнгөн... Көтөрүлүштүн убагында ал үйрөтүлбөгөн топту чарайналуулардын
найзасына түртүүнүн ордуна эчтекеден шексиз жаткан уйгурларга кол салып, партизандык
согуш үчүн зарыл болгон үйүр-үйүр аттарын алып кеткен. Ал чиндердин эски системасын
калыбына келтирген, демек, тартипти киргизген. Карапайым калкты максатсыз
мобилизациялоонун ордуна ал согуш ишин унута элек эски төбөлдөрдөн өз отрядын
түзгөн жана ошонун өзү менен партизандык согушту жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Андан кийин дагы бир өтө маанилүү факт бар: Кутлуг кытай билимин алган адамдарды:
Ашидэ Юань-чженди жанаТон-йокукту25 өзүнө кабыл алган жана пайдаланган. Мындай
адамдар душмандын бошоң жерлерин билип, аны кандай талкалоо керектигин да
билишкен. Ошентип, чынында эле, көп өтпөй согуштун жүрүшү өзгөрдү.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   eldar96   21 Сентябрь 2018 - 09:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бирок Элтерес-каган деген шаан-шөкөттүү титулду алгандан кийин Кутлугдун иш-
аракетин түрктөрдүн өздөрү кандай сүрөттөй тургандыгын карап көрөлү: "Каган он жети
жигит менен чыкты. Ал сыртта (т.а. Кытайдын өзүнүн чек арасынан тышкары) жойлоп
жүргөндүгүн угуп, шаарлардын тургундары тоого көтөрүлүп, ал эми тоонун тургундары
төмөн түшүп, чогулган соң 70 жигиттен турган отрядды түзүшкөн. Теңир аларга күч берген
соң менин атамдын — кагандын аскерлери бөрү сыяктуу, ал эми анын душмандары
койлор сыяктуу болуп калды. Аскерлери менен алга (чыгышка), артка (батышка) жылуу
менен ал элди чогултуп жана көтөрүп, алардын баары эми 700 жигит болуп калды. 700
жигит болгондон кийин ал өз элин (дөөлөтүн) жана өз каганын жоготкон элди, кул жана
күң болуп калган элди, түрк тартиби жоюлган элди иретке келтирип үйрөттү, ал тартипке
келтирип, менин бабаларымда мыйзамдары боюнча акыл-насаат айтты, ошондой эле ал
толис-тардуш тартибин элге берди жана ошондо ябгу менен шадды дайындады" 26
.
Окуялардын түркчө түшүндүрүлүшү кытайлык маалыматтар менен дал келет, мында
аскерлердин саны гана туура эмес, аны кытайлар 5 миң киши деп аныкташкан. Кытай
цифрасы тагыраак деп ойлоо керек, анткени "жети" деген санды дайыма керектөө
Кутлугдун атчандарынын так санын алмаштырган магиялык же мистикалык маани аны
коштоп жүргөн деген ойго түртөт.
Тон-йокуктун жазуусу андан кем эмес маанилүү белгилерин жана майда-үйдөлөрүн
белгилейт. Ал окурманга тааныштыргандыгынан башталат: "Мен өзүм, акылман Тон-
йокук, Табгач мамлекети үчүн тарбияланган элем, анткени бүткүл түрк эли Табгач
мамлекетинин баш ийүүсүндө болгон". Тон-йокук да Ашидэ Юань-чжень сыяктуу
билимдүү түрк болгон, Ошентип дасыккан эки кеңешчинин жардамы, кыязы,
көтөрүлүштүн ийгилигине бир кыйла роль ойношсо керек. Элдик кыймылдын
талкаланышын Тон-йокук мындайча сүрөттөйт: "Дарактардын жана таштардын арасында
көз каранды эмес бойдон калгандар биригишти, ошентип алар 700 кишиге жетти.
Алардын эки бөлүгү атчандар, ал эми бир бөлүгү жөө аскерлер болгон. (Өткөн согушта
түрктөрдүн начар маневрдүүлүгүн жана партизандык согуш үчүн зарыл аттарды таба алган
Кутлугдун эмгегин түшүндүргөн кымбат баалуу көрсөтмө. — Л.Г.) Жети жүз адамды өзүн
ээрчүүгө мажбурлаган адамдын ичинен улуусу шад (т.а. хан тукумунан) болгон. Ал мага:
"Мага кошул", — деп айтты. Мен, акылман Тон-йокук, ага кошулдум. Мен аны каган
кылсам деп өз жүрөгүмдө айттым. Мен мындай деп ойлодум: Эгер болочоктогу хан арык
өгүздөр жана семиз өгүздөр болорун билсе да, кайсынысы семиз өгүз жана кайсынысы
арык өгүз экенин билбейт. (Тон-йокук бир аз сыпайылык менен Кутлугдун адамдарды
териштире албагандыгын жана алардын татыктуу баалай албагандыгын көрсөтөт. — Л.Г.)
Теңир мага билим берген соң хандын аз жөндөмдүүлүгүнө карабастан, мен өзүм анын хан
болушун кааладым. Оо, хан! Акылман Тон-йокук менен бойла бага тархан катары
(мамлекеттик кеңешчи) мен Элтерес каган болом" 27 . Эгер Тон-йокуктун өзүн-өзү
мактагандыгын эске албасак, анда негизинен бул текст жогоруда келтирилгендер менен
ылайык келет жана көтөрүлүштүн көрүнүшү биздин көз алдыбызга тартылат.
Кытайлардын өздөрү түрк көтөрүлүшчүлөрүнө шыкак бергендигин айта кетүү керек.
Фуняндын көтөрүлүшүн баскан, жөндөмдүү жана тажрыйбалуу полководец,
адилеттүүлүгү, ак ниеттүүлүгү жана сактыгы үчүн жоокерлер жакшы көргөн, катардагы
жоокерлердин өмүрүн сактап калган Пэй Хин-кянь императордун каарына калып,
сүргүндө жүрүп каза болгон28. Анын ордуна дароо башканы алмаштырууга мүмкүн
болбоду, ошондуктан көтөрүлүшчүлөр тыныгып алышты да, бул эс алууну кайра
уюмдашуу үчүн пайдаланышты.
Чек аралык согуш. Кутлугдун отрядын уюштурууга бүт 682-жыл кетти. 683-жылы
ал активдүү аракеттерге өттү. Түрктөрдүн атчандары чагылгандай сокку уруп, Ордостон
чыгышты карай Улуу дубалды бойлото бүт чыңдалган чептерди дээрлик талкалады,
мында өзүн эч жерде туруктуу аскерлердин соккусуна дуушар кылбады. Түрктөр беш
аскердик округду талап-тоноп, алтынчысында гана мизи кайтарылды. Шаньюй акимдиги
курчоого алынды, ал эми андан кийинки үч жылда чиновниктер жана черүүлөр үчүн бул
жолдор менен өтүү мүмкүн болбой калды29
Түрктөрдүн ийгиликке жетишине Кытайда болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүш көмөк
көрсөттү. Жесир императрица У-хоу өзүнүн уулу Чжунцзунду камакка алып, ага хан
титулун берип, Борбордук Кытайга сүргүнгө жиберди.
Мындай учурларда дайыма болуп жүргөндөй, мураскердин тарапкерлери болуп,
аларды репрессиялоо керек эле, ошондуктан түркүттөрдүн ишине алагды болууга убакыт
жок болучу. 686-жылы гана аскер башчысы Шунь-юй Кхяньпин козголоңчуларга каршы
жортуулга чыгып, Цзунцайшан30 тоолорунун этегиндеги бекемделген лагерде жашап
жаткан алардын үй-бүлөлөрүн колго түшүрүп алууга умтулду. Кутлуг душманын тосо
чыкты. Синьчжоунун (Шань-си провинциясында) жанындагы кан төгүлгөн салгылашууда
кытайлар талкаланды. Алардын жоготуулары 5 миң адамга жеткен.
Буга көңүл бурууга туура келди. Түрктөргө каршы башында воевода Чан-чжи турган
бир кыйла күч жиберилди. Чан-чжи өтө таланттуу Тан генералдарынын бири болгон жана
өзүнүн эрдиги, кара күчү жана Тибетке каршы согушта таланты менен өтө айырмаланган.
Чан-чжи ишке олуттуу киришти. 687-жылы Хуанхуадуедеги31 салгылашууда түрктөр
талкаланды. Кытай атчандары аларды жыйырма км32 кууп барды, бирок алар душмандан
качып кетүүгө үлгүрүп, Улуу талаага сиңип кетти. Чан-чжинин кол алдындагылардын бири
Цуан Бао-би көзгө көрүнүүнү каалап, чек арадан тышкары чыгып, тыңчылар аркылуу
түрктөрдүн лагерин тапкан. Бао-би аларды капысынан басып алууга аракет кылган, бирок
түрктөр душмандын жакындап келатканын байкап, күжүрмөн тартипке тизилүүгө
үлгүрүшкөн. Кытайлар баатырдык менен салгылашкан, бирок талкаланып калган. Бүткүл
корпус каза болуп, жолбашчы гана качып кетүүгө үлгүргөн.
Кампания аяктайт, бирок кытайлардын пайдасына аяктабагандыгын моюнга алуу
керек. Козголоңчу көчмөндөрдү Сары дарыядан Алтай тоолоруна кууп чыгуу балыкты
сууга коё бергендей эле болор эле. Түрктөр болуп көрбөгөндөй туруктуулукту жана
көшөкөрлүктү көрсөтүштү, талкалануу алардын ындынын өчүрбөстөн, кайра баш
коштурду. Күрөшкө карай эрк өчкөн жок, ошентип бул окуялардын жүрүшүн аныктап, ал
түрк кагандыгынын калыбына келтирилишине алып келди. Кытайлардын өздөрү үчүн
түрктөр эми кол жеткис болуп калды. Эми кытайларга дубалдын ары жагындагы өзүнүн
союздаштарынын, биринчи кезекте уйгурлардын күчтөрү менен аракеттенүүгө туура
келди.
Мындай деген суроо туулат: эмне үчүн империялык аскерлер алыскы жортуулдарга
такшалган атчандардан турса да көтөрүлүшчүлөрдү куугунтуктоодон жана толук жок
кылуудан баш тартышты? Ырас, бул атчандар бир убакта болгон, бирок 689-жылы
тибеттиктердин соккулары алдында кыйраган 33 . Бардык резервдерди Юннанинин
чытырман токойлорунан Хуанхэнин аскалуу жээктерине, Турпандын күн куйкалаган
кумдарына жана Борбордук Теңир-Тоонун токойлуу жантаймаларына чейин созулган
тибеттик фронт соруп турган. Аз сандуу жана али жапайы Тибет 693-жылга чейин Батыш
аймактын оазистерин кармап турган жана 700-жылга чейин башкы кытай күчтөрү
тибеттиктер менен Ганьсуда жана Сычуанда салгылашып жаткан. Кутлугдун опсуз
аракетин ийгилик менен камсыз кылган башкы себептердин бири мына ушул.
Батышта. Кутлугдун көтөрүлүшү менен бир эле убакта батыш түркүттөрдүн
арасында ушунчалык окшош көтөрүлүштүн болгондугун кокусунан деп эсептөөгө болбойт.
Империялыктардын салыштырмалуу чакан күчтөрү Борбордук Теңир-Тоону 673-жылы
Кашкардын жана Ысык-Көлдүн 34 чыгыш тарабын байырлаган түрктөрдүн гун-юэ 35
уруусунун ыктыярдуу баш ийип беришинин аркасында кармап турган. Таптакыр
күтүлбөгөн жерден батыш түркүттөрү гун-юэге көл салып, алардын "борборун" , т.а. хан
сөрөйдүн чыңдалган ордосун курчоого алышкан. Көтөрүлүшчүлөрдүн башында Ашина
Кибу-чур деген неме турган, фамилиясына караганда хан тукумунан болгон, бирок Кутлуг
сыяктуу эле такка отурууга түздөн-түз укугу болгон эмес. Акыркы кырдаал өтө маанилүү,
анткени бул бийликтен четтетилген ханзаадалардын каяшасы эмес, элдик кыймыл
болгондугун көрсөтүп отурат. Батыш жана чыгыш көтөрүлүштөрүнүн убакыт боюнча туш
келгендиги кокусунан эместигине шектенүүгө деле болбос. Улуу кербен жолу боюнча
катнаш дайыма болуп турган, ошондуктан эгер 2 миң км аралык жолдо баратканда
жердештери, демек, алмашууга аттары болгондугун эске алсак, атчан чабарман үчүн бөгөт
деле болгон эмес.
Кибу-чур ал түгүл гун-юэден түндүктө жана Балхаш көлүнөн чыгышта36жашап жаткан
телелердин янь-мянь уруусун өз тарабына тарткан.
Чыгышта да, батышта да түрктөрдү боштондукка чыгаруу иши өнүгүүнүн жаңы
мезгилине кирген. Ойлоштурулган кутумдун болгондугунда шек жок. Бирок батыш
түрктөр кысымда калган союздаштарын кутултууга келген империялык туруктуу
аскерлердин соккусуна туш болгон. Кайраттуу жана баатыр офицер Ван Фан-и түрктөрдү
Иле дарыясына чегинте кысып, ал жерде Кибу-чурду толук талкалаган. Түрктөрдүн
жоготуулары миң адамга жеткен, бирок янь-мяндардын күтүлбөгөн жерден кол салышы
жетишилген ийгиликтерди коркунуч алдына калтырган.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги салгылашууда теле жөө аткычтары империялык аскерлерди
ушунчалык катуу кысып киргенде, Кытайга кызмат кылган көчмөндөр полководецтин
башын кесип келүү менен душманынан кутулмак болушкан. Ван Фан-и кутум жөнүндө
билип, анын башчыларын өзүнүн лагерине чакырып келип, алардын буту-колун тандырып
салган. Жардам сурап кыйкыргандардын үнүн баскан сурнайлардын жана добулбастын
коштоосу астында 70 козголоңчунун башы алынган. Андан кийин империялык
атчандардын күтүлбөгөн жерден кол салышы янь-мяндардын таш-талканын чыгарган
жана чогулгандарды туш тарапка тараткан37. Ошентип ушуну менен баары бүткөн.
Маңызы боюнча Кибу-чур менен Кутлугдун көтөрүлүштөрү бир типтүү, бирок
биринчиси дароо эле басылган болучу, ал эми экинчиси чынында зор ийгиликке ээ
болгон. Бул эмнеси? Мында кеп дегеле түрктөрдүн өзүндө эмес. Батыш тараптагы чет-
жакада Тан империясынын алгачкы жылдарынын салты али күчтүү болучу, ал эми
Кытайдын өзүндө чет элдик династияга каршылык көрсөтүүнүн кубаттуу күчтөрү
аракеттене баштаган эле. Бул тенденция императрица Унун (У-хоунун) төңкөрүшүнөн улам
көрүнгөн.
Императрица У. Тан династиясы кош жүздүү болгон. Анын негиздөөчүсү Ли Юань
көчмөндүк салттарды таштабаган кытайлашкан түрк болгөн. Анын жан-жөкөрлөрү деле
ушундай болгон жана бийликке өз адамын алып келишкен. Тайцзунду окумуштуу
кытайлар менен катар түрк баатырлары — уйгурлардын жолбашчысы бир колу чолок
Киби Хэли жана түрк ханзаадасы Ашина Шэни курчап турган. Гаоцзун жалаң гана кытайча
тарбия алган. Дал ошонун убагында чек аралык воеводалардын аскердик эрдиги менен
кытай сылыктыгына суктануунун ортосундагы жаңжал бышып жетилген. Чечүүчү роль
аялдын ажардуулугунун үлүшүнө туш келген.
637-жылы мураскор ханзаада өз атасынын татынакай ойнош аялына ашык болуп
калат. Император өлгөндөн кийин анын аялдары буддалык монастрга жөнөтүлүп, ал
жерде чачын алдырышып, өмүрүнүн акырына чейин жашоого тийиш болучу. 650-жылы
жаңы император Гаоцзун монастырга барып калып, ал жерде өзүнүн сүйгөн ажарлуу
аялын жолуктурат, ошентип ашыктык оту жаңы күч менен кайрадан жанат. Өзүнүн
күндөштөрүнө каршы союздашка ээ болууну каалаган туубас императрицанын уруксаты
менен сулуу аялды императордун гаремине алып келишкен. Бул ага интрига үчүн кеңири
жол ачып, бул иште ал бөтөнчө чеберчиликти көрсөткөн.
654-жылы Гаоңзун анын таасирине бүтүндөй баш ийип, аны императрица кылган.
Жаңы императрица өзүнүн бардык күнүлөштөрүнүн жазасын берген. Алар анын буйругу
боюнча сотсуз жана айыптоосуз эле төрт бөлүккө бөлө чаптырылып, шарапка чөктүрүлүп
өлтүрүлгөн. Андан кийин императордук сарайдын мүчөлөрүн жана Тан династиясынын
жогорулашына өтө көмөктөшкөндөрдү ууландырып өлтүрүүлөр, сүргүнгө жиберүүлөр,
өлүмгө тартуулар, каарына калуулар болгон. Бул кокусунан болгон эмес эле: өзү жат деп
эсептеген династияга карата кытай төбөлдөрүнүн керең жек көрүүсү сыртка чыгып, өзүнө
татыктуу жолбашчы тапкан. Өзүнүн күйөөсүнүн эркин ээлеп алып, императрица ар кандай
каршылыкты басып турган жана саясат менен маданиятта кытайлардын басымдуулук
кылышын реставрациялоону даярдаган. Гаоцзун өлгөндөн кийин ал өз алдынчалыкка
умтулгандыгын көрсөткөн өз уулун тактан түшүрүп, бийликти өз колуна басып алган. 684-
жылы Тан династиясынын бир канча ханзаадасы кутумга катышты деп айыпталып, өлүмгө
тартылган. Ошондой эле төңкөрүштү жүзөгө ашырган императрицанын тарапкерлери
өлүм жазасына тартылган. Мунун өзү императрицага бийликти бөлүшүүнүн
зарылчылыгынан кутулууга мүмкүндүк берген.
Бирок императрица жолду ким үчүн тазалаган? Бактылуулардын биринчиси буддалык
общинанын башчысы болуп чыкты. Мына ушуга байланыштуу Кытайда буддизмдин
таасири укмуштай күчөдү.
Андан кийин аскердик төбөлгө таандык болбогон, бирок өздөрүнүн
жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алгыдай экзамендердин жолу менен кызмат ордун алышкан
адамдар жогору көтөрүлдү. Албетте, булар кылычка караганда калемди жакшы кармай
билген кытайлар болгон. Алар бийликтен чек аралык согушкандарды кысып чыгарышты.
Анын эсесине акыркылары кылыч кармаганды бөлүү менен тышкы согуштардын
тагдырын чечип, ал эми императрицанын өкмөтүнө болгон таарынычтар алардын
тырышчаактыгына түрткү берген жок. Империялык аскерлер куралын таштаган жок, бирок
солгун жана көңүлсүз салгылаша турган болуп калышты.
689-жылы Тан династиясы аты жоюлду, ал эми 690-жылы 19-октябрда императрица
император деген титул алды. Буддистер У Будданын кызы экендигин далилдеген жана
империяны Тан династиясынан мураска алууга тийиштигин көрсөткөн чыгарманы дароо
жазып чыгышты. Колдогондугу үчүн ыраазылык түрүндө императрица өлкөнүн бардык
шаарларында буддалык храмдарды курууга буйрук берген указ чыгарды.
Төңкөрүш, өлүм жазалары, буддизмди пропагандалоо жана тибет согушу кытай
коомунун көңүлүн ушунчалык ээлеп, Хангайга качып кеткен түрктөрдө алардын иши
болбой калгандыгы түшүнүктүү.
Мына ушунун баары Түрк кагандыгынын кайра жаралышына мүмкүнчүлүктү
аныктады.
Түрктөр жана уйгурлар. Халхада түрк ордосунун пайда болушу бүткүл Ханхай
акимдигин дүрбөлөңгө түшүрдү. Халхада байырлап, өз малын жайбаракат багып,
кытайлардан белек алып турган токуз-огуздар жана башка теле уруулары өздөрүнүн ээн-
эркин турмушунун күнү бүткөндүгүн түшүнүштү.
Ач-жылаңач качкындар коңшуларын талап-тонобой коё албады, анын үстүнө бул
коңшулары алардын душмандарынын берилген букаралары болучу. Албетте, мына ушул
талаа урууларынын баары түрктөргө каршы өтө катуу күрөшкө даярданууга тийиш болучу.
Түрктөрдүн өздөрү муну эң сонун түшүнүшкөн: "биздин душмандарыбыз айлана-
тегерегибизде жырткыч куштардай болуп ээн-эркин учуп жүрүшкөн, биз болсо алар үчүн
тарп болучубуз" 38
, — деп жазат Тон-йокук. "Ошондо Кытайдан түндүк жактагы бектер
менен огуздардын аралыгында күч-кубаттуу жети эрен бизге душман болуп калышты"39 —
деп кабарлайт Алп Элэтмиш, өзүнүн жаштыгын жана өз атасынын мансабын эске түшүрүп,
ал бул согушка катышкандыгы үчүн шад40 титулун алган. Йоллыг-тегин андан да тагыраак
баяндайт: "Оң жакта (түштүктө) табгач эли душман болучу, сол жакта (түндүктө) Баз-
кагандын (жетекчилиги астында) токуз-огуз эли душман болучу, кыргыздар, курыкандар,
отуз-татарлар, кытайлар (кидандар) жана татабдар (хилер) — баары душмандар болгон"41
.
Эмнесин айталы, абал коркунучтуу болуп калган.
Демилгени "Таншуда" Били42деп аталган токуз-огуздардын Баз-каганы өзүнө алган. Ал
Кутлугга чогуу кол салуу сунушу менен Кытайга жана кидандарга элчилерди жиберген: бул
боюнча кытайлар түштүктөн, кидандар чыгыштан, уйгурлар түндүктөн43 кол салууга тийиш
болучу. Батышта он ок түрктөрү деп аталган батыш түрктөрүнүн калдыктары турган. Алар
саясий жактан алсыз болуп калгандыктан, аларды олуттуу согушка мобилизациялоо
мүмкүн эмес деп эсептешкен. Тыңчылар бул план жөнүндө Кутлугдун ордосуна
жеткиришкен, ошентип ал өздөрү жортуулга чыгып, каршылык көрсөтүү бошураак болгон
батышка сокку уруп, андан соң калган душмандарды жалгыздап талкалоону караган Тон-
йокуктун планын кабыл алган. Бирок эки фронтто согушуу үчүн түрктөрдүн бар болгону
эки-үч миң жоокери бар эле. Кыйынчылык мына ушунда болчу.
Бирок Кутлуг тобокелге салды. Башында Ашидэ Юан-чжен турган миң атчанды
батышка, Арал боюндагы Курдан чөлүн (кыязы, түрктөр батышта артынан калбаган
душмандан жашырынууну каалашкан) багындыруу үчүн жөнөткөн, эки миң атчан Тон-
йокуктун командалыгы астында түндүккө, чабуулду баштаган токуз-огуздарды утурлай
жөнөдү. Коалицияга келгенде адаттагыдай эле кидандар менен кытайлар жортуулга чыгуу
жагынан кечигип калышты.
Тон-йокук Баз-каганга караганда ылдамыраак жол жүрдү, ошентип эки аскер Тогла
(Тола) дарыясында жолугушту. Уйгурлар 6 миң киши экендигине карабастан, түрктөр
аларды дарыяга камап, качкандарын кылычтап артынан түштү. Баз-каган курман болуп44
,
ал эми токуз-огуз эли түрк ханына баш ийип берди.
Ошентсе да батыш отрядынын иши оңунан чыкпады. Дал ушул убакта түргөш уруусу
күч ала баштады. Түргөштөр Чүй жана Иле дарыяларынын ортосундагы аймакты ээлеп,
батыш түркүт хандарына баш ийген. Түргөштөрдүн уруу жолбашчысы Учжилэ бага-тархан
(кытай текстинде мохэ-дагань) деген титулду алып жүргөн45. Бул убакта батыш түркүт
хандары Тан өкмөтүнүн чиновниктери болуп калган, ошондуктан, албетте, бул
букаралардын арасында алардын кадыр-баркын көтөргөн эмес. Таланттуу Учжилэ
династияга нааразы болгондордун көбүрөөк бөлүгүн өзүнө тартып алган; "Таншу" анын
аскерлеринин санын чоң цифра —140 миң адам менен аныктайт. Ырас, бул 699-жылга
таандык. 688-жылы алар, кыязы, бир кыйла аз болсо керек (кытайдын "апыртуу
коэффициенти" 9—Юго барабар).
Өзүнүн батышка карай жылышында Ашидэ Юан-чжен түргөштөргө туш келип,
салгылашууда каза тапкан46
.
Мына ошентип, батыш түрктөр үчүн жабык, ал эми түндүк баш калкалоочу жай катары
пайдаланылышы мүмкүн экендиги айкындалды. Ошондуктан
Кутлуг ордосун Өтүкен чытырман токоюна — Хангайдын жантаймаларындагы тоолуу
тайгага которду. Бул жерде, чытырман токойлордо жана коктуларда түрктөр империялык
чарайналуу аскерлерден жашырынды; ушул жерде алар өздөрүнүн кыйраткыч
жортуулдары үчүн базаны негиздешти, натыйжада экинчи кагандык кайра жаралды.
Толадагы жеңиш менен талаа үчүн согуш аяктаган жок. Жазууларга караганда, Кутлуг
47 жортуул жасап, 20 салгылашуу жүргүзгөн, "душмандарын ал тынчтыкка мажбурлап,
тизеси барларды тизелөөгө, ал эми башы барларын жүгүнүүгө мажбур кылган"47. Бул
эмне деген декламация экендигин биз баамдай гана алабыз. Кыязы, Кутлуг өзүнө Халханы
баш ийдирген, бирок батышта, Орто Азияда да, чыгышта Маньчжурияда да эч нерсеге
жетишкен эмес. 693-жылы Кутлуг дүйнөдөн кайтып48, так анын бир тууганы Мочурга
(кытайча Мочжого) өткөн, ал Капаган-каган деген титулду алган. 693-жылы мындан
тышкары кытай куралынын зор ийгилиги белгиленген: акыр аягында тибеттиктерди
Батыш аймактан сүрүп чыгарышкан.
Батыш түрктөр Империянын катуу колун сезип, 694-жылы ханзаада Ашина Суйцзынын
жетекчилиги астында көтөрүлүш чыгарган, бирок Даньлин-чуда49 талкаланган.
Анын артынан көтөрүлүшкө кошулган түргөштөр талкаланган, ал эми тибеттик
оккупациялык армиядан Нишумус шаары тартылып алынган. "Батыш аймак" толугу
менен, бирок дагы эле хан Чжанга алып келген түрк аскерлери тарабынан
тынчтандырылган. Кыязы, бул көтөрүлүшкө ордос түрктөрү50 катышпаса керек.
Программа. Ошентип, жалаң түрктөр гана империялык туруктуу армия менен
күрөшкө туруштук берди. Мындай деген суроо туулат: бул алардын колунан кантип келди
жана душмандын алдында куралын таштабоо үчүн чөл аркылуу аны менен бирге чегинген
Кутлугдун жан-жөкөрлөрүнүн идеологиясы кандай болгон? Кытайга карата мындай терс
мамиленин кээ бир түшүндүрмөлөрүн биз өзүнүн чоң атасы Кутлуг Элтерес-кагандын51
атынан Йоллыг-тегин жазган жазуудан табабыз. Бизге чексиз көп алтынды, күмүштү,
спиртти (же данды) жана жибекти берген табгач элинин тили таттуу, ал эми азем
буюмдары "жумшак" болгон; таттуу тили жана кымбат асыл буюмдары менен
кызыктырып, алар алыс жашаган элдерди өзүнө өтө катуу тарткан. Алар болсо жакын
көчүп келип, андан кийин акылмандык келжиректикти өздөштүрүшкөн" .
Бул жерде Йоллыг-тегин көмчөн турмуш-тиричиликке кытай маданиятынын сүңгүп
киришине каршы чыгат, анын үстүнө ал материалдык маданиятты кытай идеологиясын
киргизүү үчүн каражат катары карайт. Ал варварларды зыянсыздаттыруу үчүн дал ушул
жолду сунуш кылган Конфуцийди окуган деп ойлоого болот.
Андан ары Йоллыг-тегин натыйжаларын көрсөтөт. "Алардын таттуу тилине жана
кымбат асыл буюмдарына өзүңдү кызыктыруу менен, сен, о түрк эли, сансыз көп
кырылдың... кара ниет адамдар түрк элинин бир бөлүгүн "ким алыс жашаса, ага жаман
белектерди беришет, ким жакын жашаса, ага жакшы белектерди беришет" деп айтуу
менен үйрөтүшкөн, ушул эле сөздөр менен ал сени да ушундай үйрөттү. Ошентип силер,
акылы тайкы адамдар, ушул сөздөрдү угуп, жакындап келүү менен ал жерде сансыз көп
кырылдыңар" .
Бирок алар кандайча кырылышты — алар байлыкты мол алып турушпадыбы? Автор
мындай жооп берет: белек үчүн аскердик кызмат менен төлөп берүү, т.а. мекенден алыс
жерде жат адамдардын кызыкчылыгы үчүн өлүмгө баруу керек. "Сен... түрк эли бүт
өлкөлөрдү кыдырып, жер кезип жүрүп таптакыр алдан тайып, алсырадың. Ошондо тирүү
калганыңар болсо бүт өлкөлөрдү аралап бирде тирүү, бирде өлүү каңгып жүрдүңөр" .
Йоллыг-тегин өзүнүн индивидуалдуулугун сактап калууну каалаган эл ал үчүн канча
төлөбөсүн, ландскнехтке же жазалоочуга айланууга тийиш эмес деп туура белгилейт.
Мындай "жан-жөкөрлөрдү" кожоюн босогодон ары кийирбейт, алтын менен да, жибек
менен да алар өзүнүн баш ийгендигин жаба албайт. Кымыран жарма үчүн сатылуучу
идеологияга ал куру кыялды эмес, чыныгы программаны — кагандыкты кайра жаратууну
карама-каршы коёт: "О, түрк эли, сен ал тарапка баратканда ажалдын оозунда туруп
каласың, ал эми сен Өтүкөн өлкөсүндө болуп, белек-алман үчүн кербенди жөнөткөндө
кайгы-капаң дегеле болбойт; ал эми Өтүкөн чытырман токоюнда кала бергениңде сен өз
дөөлөтүңдү түзүү менен жашап, сен, түрк эли, ток болосуң".
Андан ары ал бул программа мүмкүн гана болбостон, анына чоң атасы тарабынан
жүзөгө ашырылгандыгын көрсөтөт: "Каган болгондон кийин мен толук көтөрдүм —
кырылып жок болуп бараткан мүлксүз элди чогулттум, мүлксүз элди бай кылдым, аз
сандуу элди көп сандуу эл кылдым. Менин сөзүмдүн калпы барбы?!" Бирок ошону менен
бирге ал хандын кадырынын жоктугун, т.а. бектер "каталыкка барууга — чыккынчылыкка
жакындыгын" , ал эми элдин акылсыздыгын белгилейт. 'Түрк эли... сен арык жана ач
болсоң, токчулуктун себебин түшүнбөйсүң, ал эми курсагың тойгондо, сен ачканын
абалын түшүнбөйсүң" . Мына ушундан кагандыкты кайра жаратуунун демилгеси эскини
жактагандардын үркөрдөй тобуна таандык деген корутунду чыгарууга болот. Йоллыг-
тегиндин жазуусу бектердин бир бөлүгү жана катмарлар, алар менен байланыштуу
болгондор Кытай менен компромиссти каалагандыгы жөнүндө далилдейт, бирок хандын
айпанасына топтолгон патриоттук топ аларга өтүп кеткен, байыркы даңкты издеп табуу
үчүн жортуулдарга кууган жана алып жөнөгөн. Бул топ катардагыларга айланган биринчи
кагандыктын тархандарынан тургандыгын баамдап түшүнүү кыйын эмес.
Ветерандарды, албетте, үгүттөөнүн кереги жок болгон, ошондуктан Йоллыг-тегин
кайрылган ошол туруксуз массаны кимдер түзгөндүгү өтө кызык. "Менин сөзүмдү ирети
менен толук уккула: боордошторум, кенже туушкандарым, менин өз уруум жана өз элим,
оң жакта турган шаддар менен боордош бектер, сол жакта турган тархандар жана кызмат
бектери, отуз... бектер жана токуз-огуз эли". Бул жерде борборго, оң жана сол канатка деп
классикалык талаалык бөлүү келтирилет, бирок иерархиялык аспектте: борбор — хандын
жеке дружинасы, оң канат — хан тукумундагылар, сол канат — тексиз жана аларга тең
келбеген токуз-огуздар, т.а. уйгурлар жана башка халха уруулары.
Мына ошентип, биз түзүлүштүн иерархиялык принциби бар аскердик демократиянын
көрүнүшүн байкайбыз. Токуз-огуз бектери жана эл түрктөр менен теңештирилгендигин
белгилей кетүү өзгөчө маанилүү. Башка бир жерде адресаттардын тизмеси ого бетер
кеңейтилген: "Менин чын жүрөктөн чыккан сөздөрүмдү. .. силер 10 ок уулдарына чейин
жана таттарга (эркин эмес, милдеттүү) чейин, эстеликти карап билип койгула".
Бирок бул жерде да батыш түрктөр жана кошунду таттар гана кошулган, ал эми текст
түзүлгөн убакка чейин жеңип алынгандар — кидандар, кыргыздар, карлуктар, татабдар,
согдулар ж.б. — белгиленген эмес. Алар ордо мүчөлөрү болушкан эмес — алар анын
алман берүүчүлөрү же "союздаштары" болгон.
Ошентип, көк түрктөрдүн ордосу өзүнө али жалаң гана токуз-огуздарды52 камтыган.
Бирок ал түгүл ушундай түрдө да ал негизинен өздөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн темирдей
эрки жана алардын аскердик таланттары менен кармалып турган.
Башка сөз менен айтканда, түрктөр аскердик демократиянын стадиясында турушкан
жана өздөрү көнүп калган түзүлүштү сактап калуу үчүн колунан келгендин баарын
жасашкан.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   eldar96   21 Сентябрь 2018 - 09:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КАЙРА ЖАРАЛГАН КАГАНДЫК
Милдеттер. Толадагы жеңиш түрктөрдүн колуна дээрлик бүткүл Халханы берди,
бирок ага карабастан алардын дөөлөтү өтө оор абалда эле. Жаңы букараларга, уйгурларга
ишеним жок эле; империялык ээликтер кайра жаралган кагандыктын чыгыштан,
түштүктөн жана батыштан курчап турган; түндүктө, Сибирде, түрктөргө ачыктан-ачык кас
кеңири Кыргыз хандыгы жаткан жана эң башкысы түрк элинин көпчүлүк бөлүгү Ордосто,
душмандын колунда кала берген болучу. Биринчи кезекте ошолорду бошотуп алуу керек
эле, ошентип Капаган-хан буга киришти.
694-жылы түрктөр Кытайдын чек арасына чагылгандай чабуул жасап, далайын кырып,
көптөгөн жоокерлерди жана элди 1
туткундап кетти. Ошол эле убакта Капаган-хан
императрица Уга өзүн букаралыкка кабыл алууну сунуш кылды. Бул империялык өкмөттүн
Халхада түрк мамлекетинин түзүлүшүнө макулдук бергендиги, аны түздөн-түз
тааныгандыгы болор эле. Албетте, Кытай козголоңчулар менен мынча жеңил келише
албады. 18 воевода ага каршы кытай жана көчмөн атчандары менен жортуулга чыгышты,
бирок душманды табалбай кайра кайтышты 2
. Өтүкен чытырман токою түрктөрдү
кыйроодон сактап калды3
. Кытайлыктарга коргонууга өтүүгө туура келди.
Балким, кол салуунун натыйжасында туткундар эмес, Кутлуг менен бирге кетип
калууга үлгүрбөй калган жана эми өзүнүн уруулаштарына качып өткөн ордос түрктөрү
алып кетилсе керек. Жазуу Капаган-хандын саясатын так ушундай түшүндүрөт: "Менин
аталаш агам, каган такка отуруп, түрк элин кайрадан жайгаштырды жана көтөрдү,
мүлксүздөр бай кылды, аз сандууларды көп сандуу кылды"4
. Албетте, алар табигый
көбөйүштүн эсебинен болгон жок.
Уруулаштарын бошотууга караганда андан да кем эмес олуттуу экинчи милдет көчмөн
элдер жана уруулар менен мамилелерди түзүү болгон. Империяга үстүртөн баш ийүү
көчмөндөр үчүн оор деле болгон эмес, ал түгүл пайдалуу да болгон, бирок кытайлар
өздөрүнүн бийлиги биротоло бекемдеди деп жаңылыш ойлошуп, улуу дубалдын ары
жагындагы ээликтердин өкүмдарларынын кызматына өз чиновниктерин дайындай
баштады. Мына ушундан көчмөн уруу аксакалдарынын укуктарын кемсинтүүгө, катардагы
көчмөндөрдүн муктаждыктарын түшүнбөөгө, паракорлукка, аргасыздан тартып алууга
жана кытай чиновниктеринин кемсинткен төрөпейилдигине байланыштуу ар кандай
чиеленишкен кыйынчылыктар сөзсүз келип чыкты. Ошондуктан VII к. акырында көчмөн
букаралардын пейилинин түздүгү Улуу дубалдан канчалык алыс болсо, ошончолук аз
боло берди. 696-жылы Маньчжурияда кидандар жана татабдар (хи) 5
кыжырдана
баштады, муну да түрктөр пайдаланды.
Эң акырында, хандын алдында үчүнчү ички саясий милдет турган эле. Жогоруда
айтылып кеткендей, байыркы түркүттөрдө такты мурастоо жөнүндө мыйзам болгон, буга
ылайык агасы инисине, аталаш иниси аталаш агасына (шатылык көтөрүлүү) такты мураска
калтырган. Кытайлар бул тартипти маанисиз деп эсептешип, түрк иштерине кийлигишүү
менен аны жөн эле тоотпой калышкан. Кагандыкты калыбына келтирүү менен түрктөр
эски мыйзамды да калыбына келтиришкен, буга ылайык Мочур да Капаган-хан болуп
калган. Бирок анын өзү да кытай маданиятынын таасирин башынан өткөргөн жана такты
аталаш иниси Могилянга эмес, өзүнүн уулу Фугюга өткөрүп берүүнү өзү үчүн дурус деп
эсептеген. Мыйзамды тымызын бузуу керектигин аңдап түшүнүп, ал "кенже-хан" деген
чинди (шаддан жогору турат) кайра түзүп, аны өз уулуна берип6
, ал эми аталаш инисин
тардуштардын, т.а. түрктөрдүн батыш канатынын шады кылып койгон жана ага өтө
коркунучтуу согуштук милдеттерди чечүүнү тапшырган. Ал өзүнүн аталаш инисинин
өлүмгө баш байлашына каршы болгон эмес деп ойлоого болот.
Чыгышта. Түрктөрдүн ийгилиги Борбордук Маньчжуриянын моңгол урууларынын
— кидандардын жана татабдардын үмүтүнө канат байлады. Ал түгүл кытай тарыхынын өзү
көтөрүлүш үчүн жоопкерчиликти башкы командачы Чжао Вэнь-хайга жүктөйт, ал
төрөпейилдик кылып өзүнүн кол астындагыларды тоотпой калган7
. 695-жылы кидандык
жолбашчылар Дзиньчжун менен Ваньюн көтөрүлүш чыгарышып, Чжао Вэнь-хайды
өлтүрүшүп, анын жардамчысын туткунга алышкан. 24 күндүн ичинде көтөрүлүш бүткүл
сегиз кидандык урууларды кучагына алган. Ошол эле убакта татабдар көтөрүлүп, бирок өз
күчтөрүнө ишенбей, түрктөр менен союз түзүшкөн. Көтөрүлүштү басууга жиберилген
туруктуу аскерлер Хуанчжангу өрөөнүндө жана Пинчжоунун жанында кидандар
тарабынан талкаланган. Сатып алынган кулдардан түзүлгөн үчүнчү армия гана 696-жылы
кидандардын кол салуусунун мизин кайтарып, алардын алга жылышын токтоткон.
Капаган-хан мына ушул кырдаалдан пайдаланган. Ал императрицага
козголоңчуларды басып берүүнү сунуш кылып, буга макулдук алган. Жардамы үчүн
сыйлык катары аны хан деп таанышып, аскердик чинди жана хандык наамды беришкен.
Капаган-хан чагылгандай чабуул менен кидандарды талкалап, аларды чытырман
токойлорго тарап кетүүгө мажбурлаган.
Буга кубанган императрица түрк ханын улуу шанүй деп таанымакчы болот, бирок хан
бул титулду алгыча болбой кытай чек арасына кол салып, 697-жылы эки уездди —
Линчжоу менен Шэнчжоуну8
, т.а. түндүк-чыгыш Ордосту чаап кеткен. Аны чек аралык
майда элдерден9
түзүлгөн армиянын империялык аскерлери кууп чыккан, бирок Тон-
йокук командалыкты өзүнө алып, "жыйырма үч шаарды кыйратуу менен"10 ийгиликке
жетишкен. Таш жазууларда бул компания "Яшиль-угюз 11 же Талуй-угюз — "Деңиз-
дарыя"12 менен сугарылган Шантунг түздүгүндөгү согуш " деп аталган.
Кытайларды ушинтип коркутуу менен хан тынчтыктын шарттарын таңуулап, ал
императрица өзүн асырап алышын, өзүнүн кыздарын кытай хандарына беришин, Ордосто
калган түрктөрдү ага жиберишин жана себүү үчүн 100 миң ху таруу, 3 миң дыйканчылык
шаймандарын жана согулган темир беришин каалаган. Албетте, мындан баш тартышкан.
Ошондо хан сүйлөшүүлөрдү токтотуп, элчилерди кармап туруп, аскерлерин кидан
жерлеринен чыгарып кеткен. Кидандар дароо токойлордон чыгып келип, хан Ваньюндун
айланасына биригишкен. Ваньюн кайрадан кытайларга кол салып, Цзичжоу уездин
кыйраткан. Кидандарга каршы 170 миң адамдан турган зор армия (кыязы, алардын
санына бүткүл тейлөөчү кызматчылар кирсе керек) жиберилген, бирок ал таш-талканы
чыгып талкаланган. Ваньюн чабуулга өтүп, Ючжоу жана Инчжоу уезддеринде кан төгүп,
"ооздуксуз зомбулук кылган"13
.
Кидандарга каршы жардам алуу үчүн императрицага түрк ханынын бардык
талаптарына макул болууга туура келген. "Ушул күндөн тартып түрктөр күчтөнгөн" 14
.
Кидандар үчүн хандын императрица менен союзу тозок болду. Түрктөр менен союздаш
болгон татабдар эки жүз миңдик жаңы кытай армиясы менен биригип, кидандарды
кысымга алды. Кидан аскерлери талкаланып, ал эми Ваньюн качып баратканда өзүнүн
кулу тарабынан өлтүрүлгөн. Кидандардын калдыктары кытайларга багынып берүүнү
каалабай, түрктөргө өтүп кеткен, ошентип 697-жылы Капаган-хан Маньчжурияны өзүнүн
ээликтерине кошуп алган, ошондон кийин кидандар түрк ханынын вассалдары катары
кытайларга каршы күрөштү улантышкан.
Императрица Унун төңкөрүшүнүн жана Тан династиясынын башкаруусунун
кесепеттери мына ушу жерден көрүндү. Чоочун калктан турган чек ара аскерлери
кытайлар үчүн салгылашууну каалабады, ошондуктан армияны кулдардан толуктоого
жана ал түгүл акы үчүн жоокерлерди жалдоого туура келди15 . Талаа армиясында
оппозициялык маанайлар жана кекирейген кытай чиновниктерин жек көрүү өспөй коё
албады. Тан салттарынын жагымдуу ажары жана инерциясы чек аралык армияны ак
ниеттүүлүктүн чектеринде кармап турду, бирок, албетте, аскерлердин көпчүлүк бөлүгү
каарга калган мурасчыны жактырып, муну менен императрицанын да кастык сезимин
туудурган. Императрица бир генералдын колуна көп күчтү топтобоо үчүн командованиени
бытыратууга аракет кылган, ал эми мунун өзү армиянын күжүрмөндүүлүк
жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизген.
Капаган-хан саясий кырдаалды эске алып, өзүн мурасчынын тарапкери деп
жарыялады. Аны такка отургузуу үчүн 698-жылы Капаган-хан "100 000 атчан"16 менен
жортуулга чыкты. Бул демагогия ага бир кыйла пайда алып келди, анткени империялык
армияда кызмат өтөп жаткан көчмөндөр дароо эле анын тарабына өтө баштады17. Ага
каршы 300 миң жана 150 миң адамдан турган кытайлык эки армия жөнөтүлдү, бирок алар
салгылашууга киришүүгө батына алышпады. Түрктөр бир катар чек ара округдарын талап-
тоноп, көп сандаган туткундарды алып кетишти. Бардык ачык кагылышууларда кытай
аскерлери жеңиле берди. Кыязы, бул операцияларды Тон-йокук "Шантунг түздүгүндөгү" ийгиликтер жөнүндө автонекрологдо айтуу менен эске алып жатса керек. Ошондо кытай
өкмөтү душмандын башкы көзүрүн — легтимизмди колунан түшүрүүгө чечим кылды.
Мураскор сүргүндөн кайтарылып, армиялардын командачылыгына дайындалды. Капаган-
хан чегинүүгө аргасыз болду, бирок мында Тан династиясы үчүн эмес, өзү жана өз эли
үчүн күрөшүп жаткандыгын көрсөттү.
80 миң туткунду, т.а. династияны коргоп чыккан убакта ага өтүп келген адамдарды
кырып, ошондон кийин түрктөр чегине баштады. Кайра тарткан жолдо бүт кытай
шаарлары жана айылдары тыптыйпыл тонолуп, калкы кулдукка айдалып кетти. Согуш
ошондон кийин токтогон жок, бирок династиянын калыбына келтирилиши империянын
күчүн баш коштурду. 699-жылы кидандар19 талкаланды, мында жеңиштин даңкы мурда
душман болгон "көчмөндөрдүн ичинен" эки жөндөмдүү жетекчиге таандык болду.
Мында иш түшүнүктүү: Кытай үчүн көчмөндөрдүн өлгүсү келбеди, бирок Тан империясы
үчүн азап тартууга болор эле. Мочурга али кетип кала элек көчмөндөрдү өзүнө
жакындатуу үчүн акылман императрица алардын абалын жакшыртууга чейин барды. 701-
жылы түрктөрдү кулга айландырууга тыюу салган указ чыгарылды20. Мына ушуну менен
чиновниктердин жана латифундиялардын ээлеринин кыянатчылык иштерине чек
салынды, алар талаа адамдарынан кылымдардан берки таарынычтары үчүн өч алууга
мүмкүнчүлүгү болбогондуктан чек аралык көчмөндөрдөн ачуусун чыгарышкан.
Буйрук өз ролун ойноп, чек арага кол салган түрк отряддарынын ийгиликтери бир аз
басаңдады. 700- жана 702-жылдары түрктөр Түндүк Кытайга жортуулдарды жасап, бирок
иш малды айдап кетүү жана талап-тоноо менен21 гана чектелген. 703-жылы Капаган-хан
өзүнүн кызы менен тактын мурасчысынын уулунун никеси жөнүндө сүйлөшүүлөрдү
жүргүзүүнү элчиге тапшырган. Бул бейкуттук дегендик эле. Чындыгында эле сүйлөшүүлөр
үч жылга созулуп, согуш аракеттери болгон жок. Бул убактын ичинде императрица
дүйнөдөн кайтып, түрк ханы ысмын ушунчалык орундуу чүмбөттөй алган дал
Чжунцзундун өзү такка отуруп калды. Эми ачык оюн башталды.
Батышта. 698-жылдагы айыгышкан согуш түрктөрдүн да, кытайлардын да күчүн
убактылуу алсыратты. Мына ушундан түргөштөрдүн жолбашчысы Үчжи-лэ пайдаланып,
Кытайга жан тарткан элементтердин жолбашчысы, жөндөмсүз хан Ашина Хусэлону
кысымга ала баштады. Ап өзүнүн 60—70 миңдей тарапкери менен 699-жылы22 ички
Кытайга көчүп кеткен эле. Түргөш хандыгынын аймагынын чок ортосу Иле дарыясынын
өрөөнү жана Теңир-Тоонун түндүк тоо этектери болгон. Хандын түштүк жайкы ордосу
азыркы убактагы Токмок шаарына жакын жерде, ал эми түндүк ордосу гун-юэ23уруусунун
жеринде жайгашкан болучу. Басып алууну мыйзамдаштыруу үчүн Үчжилэ башында өзүнүн
экинчи уулу Чжену турган элчиликти Кытайга жиберген. Элчилик жылуу кабыл алынып,
ошонун өзү менен басып алууга уруксат берилген эле.
Бирок буга түрктөр жайбаракаттык менен карашкан жок. Алар батыш Жунгарияда чүй
уруулары (орто азиялык хуннулардын тукумдары) жашагандыгынан пайдаланышты,
аларды түргөштөр өз дөөлөтүнө кошуп алууга али үлгүргөн эмес эле. "Дөөлөттү жана
кагандын бийлигин кеңейтүүгө" 24 умтулуп, Жети-Сууга карай баруучу жерлерди басып
алмай болуп, хандын аталаштары Могилянь тардуш-шад жана анын он алты жашар иниси
Күл-тегин25 чүй урууларына каршы жортуулга чыгышып, 701-жылы аларды баш ийдирип
алышты26. Бирок жүрүштүн планы бир кыйла кеңири эле: түрктөр бүткүл Согданы өзүнө
баш ийдирип, ушуну менен алар бирдиктүү кагандыкты калыбына келтирүүнү болжошкон
болучу. Түргөштөр мамилени курчутууга барышпады, кыязы, түрк хандары да аларга
тийишпөөгө чечим кылышса керек, бирок батыш ээликтериндеги кытай бийликтери
өзүнүн душмандарынын ийгиликтерине кош көңүл карай албады. Түрк жазуусу Ыдук-
баштын жанында элүү миндик империялык армиянын талкалангандыгы жана анын
жолбашчысы Онг-тутуктун колго түшүрүлүш үжөнүндө кабарлайт. Бирок Кытай
хроникачылары бул салгылашуу жөнүндө эчтеке айтпайт, ошондуктан салгылашуу
болгондугуна карабастан окуялардын масштабы апыртылган деп божомолдоого туура
келет.
Түшүндүрүү. Бул окуянын сунуш кылынган жөн-жайы биринчи жолу айтылып
отурат: ал үчүн негиз катары П.М.Мелиоранскийдин котормосунан айырмаланган
С.Е.Маловдун котормосу негиз катары кызмат кылат. Кийинкисинде "alty cub sogdak"
деген сөз "алты чубдун согдактары" 27 деп которулган. Маркварт "чуб" деген табышмактуу
ысым менен, ага согдалык алты ээликтин хандары таандык болгон Чжао-ву династиясын
түшүндүрөт. Кан (Самарканд), Ми (Маймург), Шы (Кеш), Хэ (Кушания), Цао (Усрушана)
жана Маркварттын пикири боюнча, чыгыш түркүттөр 701-жылы жеңип алган На-се-бо
(Несеф). Өз оюн ырастоо катары Маркварт 70-жылы согдалар хорасандык эмир
Мухаллаба ибн Абу Суфрага28 каршы түрктөрдөн жардам алгандыгын көрөт. боюнча,
чыгыш түркүттөр 701-жылы жеңип алган На-се-бо (Несеф). Өз оюн ырастоо катары
Маркварт 70-жылы согдалар хорасандык эмир Мухаллаба ибн Абу Суфрага29 каршы
түрктөрдөн жардам алгандыгын көрөт.
Мындай окшоштуруу кеңири таркалган, бирок Г.Е.Грумм-Гржимайлонун катуу
сынына дуушар болгон, ал бул мезгилде Согдага жортуулдун болушунун мүмкүн
эместигин далилдеген бирок ал башка бир каталыкты жиберген — жазуудагы текстти
ойдон чыгарьшган деп эсептеп, батышка карай жортуулду таптакыр танган30
.
С.Е. Маловдун котормосу эки карама-каршы пикирди четке кагууга мүмкүндүк берет.
Малов "алты чуб жана согдак"31 деп которот. Эгерде "чуб" деп эки бөлүмдүн чуюе, чуми,
чумугунь, чубань, чүй урууларын жана шатону (чуюеден бөлүнүп кеткендер)32 эсептесе,
анда аларды, батыш Жуңгарияга, Тарбагатайга жана Кара Эртышка көчүп кеткендерди,
багындыруу аткарыла турган милдет экендиги түшүнүктүү; согдактарга токтолсок, бул
алысты көздөгөн саясат болгон. Грумм-Гржимайло 700—701-жылдарда Согданы
арабдардан коргоп калган түрктөр чыгыш түрктөр эмес эле Тан империясынын
букаралары болгон батыш түркүттөрү экендигин көрсөтүү менен туура айтат, чыгыш
түрктөр өздөрү багындырып алууга умтулуп жаткан элди коргоонун зарылчылыгы жок
болучу. Бирок ал Онг-тутукту кытай полководеци Сян Ван менен туура эмес окшоштурат,
ал империялык чек ара армиясына командалык кылган, бирок талкаланган да эмес,
туткунга түшкөн да эмес. Мына ушундай негизсиз окшоштурууга батыш жортуулун четке
кагуу негиз катары алынган, анткени Күл-тегин бир жылдын ичинде Согдадан Орхонго
жетүүгө үлгүрмөк эмес.
Бирок иш Онг-тутукту, кыязы, 692-жылы тибеттиктерди Тарим33 бассейнинен кууп
чыккан жана ал жерде талаа армиясынын командачысы болуп кала берген полководец
Ван Сяо-ңзе менен окшоштуруу керек. Эгерде андай болсо, ошол убакка чейин Суйда34
(Ысык-Көлдүн чыгыш жагындагы чеп ушундай деп аталган) империялык гарнизон менен
ийгиликсиз салгылашып жактан түргөштөрдүн ылдам күчөп кетиши түшүнүктүү. Мындан
Батыш аймакта үч жактуу согуш келип чыккан деп тыянак чыгарууга болот: империялык
аскерлер ал түгүл Ыдук-баштын жанында салгылашууну утуп чыгышып, өз колдорунда
төрт инспекцияны (Карашаар, Куча, Кашкар жана Хотан) жана Бэйтинди (азыркы убактагы
Гученге жакын жерде) кармап турушкан; батышты түргөштөр, ал эми түндүктү түрктөр
көзөмөлдөп турган. Согдага чейин түрктөр чынында жеткен эмес, алардын
курмандыктары Эртыштын жогору жагындагы карлуктар, туштук-батыш Жуңгарияда,
Юлдуз дарыясынын өрөөнүндө көчүп жүргөн хувулар жана шуништер (дулу союзунун түрк
уруулары) болуп калышкан. Түштүк Жуңгарияда жашап жаткан басмылдарды каратууну да
(703-жылы) ушул эле мезгилге таандык кылуу керек.
Кыязы, Цзю-Таншунун маалыматтары ушул кол салууга таандык болсо керек: "Чоугун
доорунан тартып (685—688-жылдар, т.а. Ашиде Юань-чжендин батышка жасаган
ийгиликсиз жортуулунан тартып. — Л.Г.) он уруу Мочжонун түрктөрү тарабынан тынымсыз
чаап алууларга жана талап-тоноолорго дуушар кылынган, алардын бир бөлүгү кырылып,
бир бөлүгү чилдей тарап, дээрлик таптакыр жок кылынган (кытайлардын адаттагы
апыртмасы. — Л.Г.), андан кийин 60—70 миңден ашпаган калдыгы Хушэло менен
бирдикте Кытайга көчүп кетип, ал жерде отурукташып калган"35
.
Тескерисинче, "Син-Таншу" Хусэлонун башкы душманы түргөштөрдүн Үчжилэси36
болгон деп эсептейт, бирок экөөнүн тең айтканы туура деп ойлоого болот: түрктөр да,
түргөштөр да батыш түркүттөрдүн калдыктарына бирдей коркунуч туудурушкан жана
алардын бир бөлүгүн Кытайга, өз сюзеренинин канаты астына көчүп кетишине
мажбурлашкан.
700—704-жылдардын мезгилинде Батыш аймактагы Империянын күчтөрү өтө аз
болгон. Кыязы, Ыдук-баштын жанында талаа армиясы талкалангандан кийин гарнизондор
чептерде гана калып, эч кандай толуктоолор түшкөн эмес окшойт. Чынында, жаңыдан
аскерге чакырылгандар Маньчжурияда кидандар жана Хуанхэнин жээгинде түрк ханынын
өзү менен салгылашып жаткан. Ошондуктан бир тууган ханзаадалар Согдага чейин
жетүүгө аракет кылышы мүмкүн эле, бирок таш жазуунун үн катпаганына караганда, алар
бул багытта зор ийгиликтерге жетише алган эмес. Бирок түрктөрдүн коркунучу
империялык өкмөттү алардын эч болбогондо бейтараптыгын камсыз кылуу үчүн
түргөштөрдүн күчөп кетиши менен келишүүгө мажбурлаган. Бул ой жүгүртүүнү
хронологиялык дал келүү да колдойт: Түрктөрдүн Жуңгарияга каптап кириши, Хусэлонун
качышы жана Үчжилэни таануусу — мына ушунун баары 699-жылы болуп өткөн.
Окуялардын өз ара байланышында шек жок.

1 Ортолук Азия VIII к. биринчи жарымында.
Түргөштөр. Абарлар жана мукрилер сыяктуу эле алардын тукумдары түргөштөр теле
да, чүй да, түрк (түркүт) да тобуна дегеле таандык болгон эмес37 . Алар жөнүндө алгачкы
маалыматтар VII к. экинчи чейрегине таандык, анда алар дулунун беш уруусунун тутумуна
кирген38. Батыш Түркүт кагандыгы кытайлар тарабынан жеңип алынганда 659-жылы
түргөштөр эки аскердик округда байырлашкан: согэ жана мохо тукумдары жашаган Иле
дарыясынын өрөөнүнүн жогорку бөлүгүндөгү Ву-ло округунда жана алишэ39 отурукташкан
Иле дарыясынын батышындагы Го-шань округунда жашаган. "Тан династиясынын
тарыхы" ("История Танской династии" ) түргөштөрдүн теги жана этностук таандуулугу
жөнүндө алар "сары" жана "кара" урууларга бөлүнгөндүгүн гана баяндайт. Биздин
талдоого караганда, "сарылар" мурда отурукташкан мукрилер, ал эми "каралар" жер
которуп келген абарлар болгон, мында экөө тең бир элге биригүү менен өздөрү ар кандай
тектен келип чыккандыгын али унуткан эмес.
Түргөштөр көп сандуу эл болгон. Өнүгүүнүн туу чокусуна чыккан учурда Согэ-хандын
300 миң жоокери болгон. Бул сан түргөштөрдүн өздөрүнүн аскерлеринен тышкары Батыш
Түркүт кагандыгы урагандан жана Ашина дөөлөтүнүн күнү бүткөндөн кийин түргөштөргө
баш ийип калган коңшулаш уруулардан түзүлгөн көмөкчү аскерлерди өзүнө камтыган. Ал
эми жакында эле Үчжилэнин, династиянын негиздөөчүсүнүн 140 миң гана жоокери
болгон, бул да ал "баш ийгендерин тынчтандырып, алардын урматына жана ишенимине
ээ болуп, көчмөндөр ага багынып бергендигинин"40 аркасында болгон.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   eldar96   23 Сентябрь 2018 - 12:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

"Кара" уруулар азчылыкты түзгөн, анткени алардын саны 300 миң түтүн (жоокер
эмес!) болгон, т.а. алар түргөш элинин болжол менен үчтөн бирин түзгөн.
Ар бир бой тарткан эркек — жоокер болуп саналган варвардык дөөлөттөр үчүн
аскерлердин элге карата мамилелеринин эсебинин адаттагы коэффициентин колдонуу
менен түргөштөрдүн санын бир кыйла тактык менен аныктоого болот. Алар 500 миңден
700 миң адамга чейин өзгөрүп турган, ошентип бул да Кытайдын калкы Тан династиясы
гүлдөп турган мезгилде (754-жылы) бар болгону 58 млн. адамга гана жеткендигин эске
алсак, ошол убакыт боюнча бул өтө көп41. Бирок, батыш түркүт хандарынын ээликтерин
мураска алуу менен бирге алардын саясатын да — империяга карай умтулууну мураска
алышкан. Ошонун өзү менен түргөштөр түрктөрдүн душмандары болуп калып, анын
кесепеттеринин таасири дароо тие баштады.
Каршы чабуул. Тан империясы Батыш аймактагы жоготуулары менен келише
албады. Ал түрктөрдүн, түргөштөрдүн жана арабдардын жеңип алууларын өздөрүнүн иши
убактылуу ордунан чыкпагандыгы катары карады. Жаңы талаа атчан армиясы жана
таланттуу генерал гана керек эле. Мына ушундай адам башы алынган Юанькин хандын
уулу катары сүргүндө азап тартып жаткан түркүттөрдүн Хянь ханзаадасы болуп чыкты. Ал
керек болор замат эле ага кечирим беришти.
703-жылы чыгышта тынчтык түзүлүп, дароо эле 704-жылы батыштагы абал өзгөрдү.
Батьпн түркүттүк эки хан—Хуай-дао жана Хянь аскерлери менен кошо жиберилди. Хянь
Чүй дарыясынын батыш жагында 30 миң боз үйлүү түтүндү тынчтандырды.
Империянын тарабына адегенде шатолор 704-жылы, андан кийин батыш түркүттөрү
жана карлуктар 705-жылы өтүп кеткен. 706-жылга карата алгачкы абал калыбына
келтирилген.
Бирок анда түргөштөрдүн илендилигин эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бул өтө
жөнөкөй: түштүктөн арабдар кысып келген болучу. Кутейба 705-жылы Балхты, 706-жылы
Пайкентти алды, бирок согдалар менен "түрктөр" аны чегинүүгө мажбур кылышты. Бул
"түрктөр" Табаринин хроникасында түргөштөр болгон42. Жалпы жаңы душманга каршы
коргонуунун зарылчылыгы аларды кытайлар менен жараштырган, ал эми кытай
министрлерин түштүк-батыштагы бөгөт катары зарыл болгон жаңы дөөлөттү таанууга
мажбурлаган. Эмне үчүн Хянь Чүйдөн батыш жактагы жерлерди баш ийдирип,
түргөштөрдү эмне үчүн аягандыгы жана Үчжилэге кайсы эмгеги үчүн 706-жылы хандык
ардактуу наам берилгендиги443 түшүнүктүү болуп калат. 707-жылы түргөштөр Кутейбаны
кайрадан Бухарадан сүрүп чыгарышкан. Түргөштөр менен согдалардын ортосундагы
ыргылжың гана арабдарды Хорасанга чегинүүгө мүмкүндүк берген. Көп өтпөй Үчжилэ
дүйнөдөн кайтып, 708-жылы өзүнүн уулу Согэге жакшы жайлашкан ордону, 300 миң (?!)
аскерди, Кытай менен союзду жана арабдар менен согушту мураска калтырган44. Ошол
эле жылы Кутейба кайрадан Бухарадан сүрүп чыгарылып, акыры Согэ бүткүл Орто
Азиянын гегемону болуп калган. Эгерде тибеттик саясат 707-жылдан 710-жылга чейин
түштүккө чукул бурулгандыгы белгисиз болгондо анын саясатынын пассивдүүлүгү бизди
таң калтырар эле.

Түштүк кытай аскерлери Юньнандын чытырман токойлорундагы мани урууларын баш
ийдирип, аларга кош алым салышкан. 710-жылы манилер көтөрүлүш чыгарып,
тибеттиктерди жардамга чакырышкан. Алар ушундан пайдаланып, чегинип бергендиги
үчүн кытайларды ханышаны жана сеп түрүндө Хэсидеги Цзюңюй уездин берүүгө мажбур
кылышкан. Бул жер Кытайга жортуул жасоону даярдоодо жылкылар үчүн тоют базасы
катары зор стратегиялык мааниге ээ болчу. Андан ары бул факт окуялардын жүрүшүнө
бир кыйла таасирин тийгизген45
.
Коалиция. 703—706-жылдардагы үч жылдык жарашуу Кагандыкка караганда
Империяга көбүрөөк пайда алып келген. Коргонуу жана чабуул коюу иш чараларынын
майнапсыз экендигине ынанган кытайлар паралап сатып алуулардын жардамы менен
аракеттене баштады. Паралап сатып алуунун объекти токуз-огуздар болуп калды, алар
хандын ар кандай айла-амалдарына карабастан талаада бейкам көчүп жүрүп,
императордон март белектерди алып турган бактылуу мезгили жөнүндө унутушкан жок.
Жарашуунун убагында Толада өлтүрүлгөн Баз-кагандын (кытайча Били) уулу Дугяйчжи
уйгурлар жана киби, сыгэ жана хунь уруулары менен бирге хандан качып кетип, Гобиден
өтүп Империяга багынып берген. Аны Лянчжоуга жакын жерге, Алашанга жана Ганьсуга
отурукташтырып, "толуктоого күчтүү атчандарды" 46 алып турушкан.
Түрктөр үчүн уйгурлардын бөлүнүп кетиши чоң сокку болгон, анткени алардын ички
саясатынын кемчилигин көрсөткөн, анын үстүнө токуз-огуздардын арасында кыймыл
кытайлар сүрөттөгөндөн бир кыйла кеңири болгон. Болжол менен ошол эле убакта түрк
ханзаадалары Могилянь менен Күл-тегин Чыгыш Забайкальеде 47 жашаган байырку
уруусунун көтөрүлүшүн басышкан. Байыркулар Тюгияргун көлүнүн жанында (Онон менен
Керулендин ортосундагы Торей көлү) талкаланып, бирок алардын жолбашчысы Улуг
Иркин бөлүнүп чыгып, кыязы, Кытайга качып кетсе керек48 — башка барар жери жок
болучу.
Белгилери коркунучтуу эле, бирок өзүнүн зор бийлигине көзү тунарган Капаган-хан
эки жүздүү императордун жазасын бермей болду. 706-жылы түрктөр Түндүк Кытайга
каптап кирип, полководец Шача Чжундун туруктуу аскерлеринин таш-талканын чыгарып,
жайыттагы казыналык аттарды айдап кетишкен. Аттар атчандарды толуктоо үчүн арналган
эле.
Миншанын49 алдындагы салгылашуу Күл-тегиндин чоң таш жазуусунда көркөмдөлүп
сыпатталган. Күл-тегин минген үч ат окко учуп, анын чарайнасына жана чапанына "жүздөн
ашуун жебе" келип сайылган. Кайталап чабуулга өтүүгө жөндөмдүү, жакшы үйрөтүлгөн
оор куралчан атчандардын сапаты кайрадан көрүндү, бул салгылашууда үч жолу кайталап
чабуул коюлган. Кытайлар өздөрүнүн жоготууларын 10 миң киши деп аныкташкан, мунун
өзү салгылашуунун жүрүшүн көз алдыга келтирүүгө мүмкүндүк берет. Кыязы, жеңил
куралданган аткычтар жебени жаадыруу менен чабуулдун мизин кайтарууга аракет
кылган жана мындайды эки жолу жасашкан, бирок үчүнчү чабуул дүрбөлөң туудуруп,
түрктөр качып бараткандарды аркадан сая баштады. Мына ушундай болгондо гана
ушунчалык чоң жоготуу болмок. Салгылашуунун тактикасына караганда кытайлардын
армиясында качып өткөн уйгурлар салгылашкан.
Ушундан кийин сүйлөшүүлөр токтотулуп, император хандын башы үчүн сыйлык
дайындаган. Бирок Халхага чабуул коюуга империялык аскерлер батына албады, алар
Ордоско жакын жерде үч чепти куруу менен чектелишти. Бул жерде биз психиканын
соңку кайра жаралышын байкайбыз: ал талаа психикасынан кытайлык психикага өткөн,
ошону менен катар хуннулар үчүн кол жеткис чептери, "митаам уландардан" турган жөө
аскерлери жана сүймөнчүк полководецтери бар Хань мезгили кайрылып келгендей
коргонуунун кытайлык системасы кайтып келген50. Азыр да, 708-жылы командачылыкка
сексен жаштагы чал дайындалганда армиядан эмнени күтүүгө болот.
Демилге түрктөргө өттү. Мочур императордук элчини өлүмгө буйруп, 708-жылы Кытай
чек арасына жортуулду кайталады. Бул жортуул жөнүндө өтө үстүртөн баяндалгандыктан,
кыязы, түрктөргө чыныгы каршылык көрсөтүлбөсө керек. Империялыктар ханга жаңы
элчи жиберип, ал өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткара электе эле жолдо баратканда
каза болгон51
.
Бирок дипломатия жана паралап сатып алуу өз ишин жасады. 709-жылдагы
кырдаалды акылман Тон-йокук эң сонун сүрөттөгөн: "Табгачтардын каганы биздин
душманыбыз болгон. Он ок каганы (батыш түрктөрдүн, бул учурда түргөштөрдүн ханы
Согэ. — Л.Г.) биздин душманыбыз болгон. Бирок баарыдан да биздин душманыбыз
кыргыздардын күчтүү каганы эле. Бул үч каган кеңешип мындай деп айтышты: "Биз Алтун
чытырман токоюна барабыз". Алар ушундай деп ой жүгүртүп мындай деп айтышты: "Биз
чыгышка түрк каганына каршы жортуулга жөнөйбүз. (Батыштан түрктөрдүн тылына
биригип сокку уруу болжолдонгондугу ушундан көрүнүп турат. — Л.Г.) Эгер биз ага
барбасак, кандай да болсо ал бизди жеңип кетет: каганы — баатыр, ал эми анын
кеңешчиси акылман, ал балким бизди өлтүрүүчүлөр болуп калат. Биз үчөөбүз биригип,
жортуулга чыгып аны жок кылабыз". Түргөш каганы мындай деп айтты: "Менин элим ал
жерде болот, — деп айтты ал, — ал эми түрк эли дүрбөлөңдө, огуздар болсо, — деп айтты
ал, — алдастап калды"52. Чынында, түрктөр курчоодо калган эле, ошондуктан аман калыш
үчүн душман үчүн күтүлбөгөн айла табуу керек эле. Алар мындай арганы табышты.
Биринчи сокку. Акылман Тон-йокук Капаган-хандын убагында да өзүнүн хандын
кеңешчиси деген кызматын сактап калды, бирок жаманатты болгон ханзаадалар менен
байланышын үзгөн жок, тескерисинче, тактын мыйзамдуу мурасчысы — тардуштардын
шады Могилянга өзүнүн Пофа деген кызын күйөөгө берип, бул байланышты чыңдады.
Кагандыктын батыш чек арасындагы аскерлерге командалык кылуу менен Могилян 709-
жылы чиктердин жерине кирип барып, Эне-Сайдын жогорку агымынан кечип өтүп,
Орпендин53 жанында54 алардын аскерлерин талкалады, алардын артынан аздарды да
багындырды Ошол убакта ал азыркы убактагы Тыванын бүткүл аймагын баш ийдирди,
бирок башкы душман — кыргыздар табигый ишенимдүү тосмонун — Саян тоо
кыркасынын артында кол жеткис бойдон кала берди. Чиктердин жана аздардын баш
ийдирилиши кыргыздардын кол салуу коркунучунан алыстатты, бирок биротоло жойгон
жок.
Ошондо кайрадан Тон-йокук кийлигишти. Ал демилгени колго алууну, жайды күтүп
отурбастан күтүлбөстүктөн пайдаланып, кыргыздарга кол салууну жана аларды
талкалоону сунуш кылды. Эң зор кыйынчылык Саян тоо кыркасы аркылуу адаттан тыш
жерде өтүү эле, анткени Көгмен (Батыш Саяндар) аркылуу ашуу күзөтүлүп турган.
Ашууга чабуул коюудан эчтеке чыкмак эмес, анткени кыргыздар 80 миң жоокер
чыгарып, түргөштөр менен табгач-империялыктар келгенге чейин түрк армиясын токтото
алмак. Кыргыздар мобилизациялоо жагынан зор артыкчылыкка ээ болгон: алардын
сугатчылык дыйканчылыгы55 болгон, демек, калк чогуу жашаган. Ошондуктан самандын
болушу аттарын үйдөн алыс жакка жайбастан эле тоюттандырууга мүмкүндүк берген.
Түрктөрдүн жортуулунун ийгиликтүү болушуна үмүт кокусунан кол салганда гана
ийгиликке жетишмек. Тон-йокук "талаа аздарынын ичинен" жол көрсөткүчтү таап, ал
башка жол менен алып барууга убада берди.
Ойлонулган жортуул тобокелге салган опсуздукка көбүрөөк окшош эле, бирок хан
буга макул болуп, жүрүштүн башчылыгына Тон-йокукту дайындап, ага жардамга өзүнүн
жек көргөн аталаш инилерин берди. Андан аркы окуя Тон-йокуктун өзү тарабынан эң
сонун баяндалган56: "Мен аскерлерге алга жөнөөгө буйрук бердим; мен аттангыла! — деп
айттым. Ак-Тэрмелден кечип өткөндөн кийин эс алууга буйрук бердим. (Кыязы, бул жерде
ашык нерсенин баары, тактап айтканда, калтырууга мүмкүн болгондун баары калтырылса
керек. — Л.Г.) Атка минүүгө буйрук берип, мен карды жиреп жол садым. Мен башкалар
менен бирге аттарды жетелеп, колго таяк алып тоого жогору көтөрүлдүк57. Алдыда
бараткан адамдар жолду таптап, биз токой өскөн чоку аркылуу ашып түштүк. Зор
кыйынчылык менен төмөн түшүп, он түн бою (күндүз душманды чочутуп албас үчүн
сактанып жаттык) биз күрткүлөрдү айланып өтүп, тоо этегине чейин бардык.
Адашкандыктан жол көрсөткүч өлтүрүлдү. Биз Ана дарыясынын агымы боюнча төмөн
бараттык. Өз аскерлерибизди санап чыгуу үчүн токтоого буйрук бердик, ал эми
аттарыбызды бактарга байлап койдук. (Кыязы, бир кыйласы артта калып үшүккө учураган
окшойт. — Л.Г.). Күндүр-түндүр чаптырып жүрүп отурдук. Биз кыргыздарга терең уйкунун
убагында кол салып, найза менен жол ачтык. Алардын ханы жана аскерлери чогулду"58
.
Салгылашуу жөнүндө Йоллыг-тегин жакшы баяндайт: "Алардын каганы менен биз
Суңга чытырман токоюнда салгылаштык. Күл-тегин Байыркудан келген боз айгырга
минип, чабуулга чыкты, бир эркекти жаа менен өлтүрүп, эки эркекти найза менен ыргыта
сайып, анан улам биринин артынан бирин өлтүрүп жатты. Чабуулда анын Байыркудан
келген боз айгыры өлдү, анын кабыргасы сынды. Биз кыргыз ханын өлтүрүп, анын
дөөлөтүн алдык"59. Тон-йокук мындай деп түшүндүрөт: "Биз алардын ханын өлтүрдүк.
Кыргыз эли кагандын ээлигине кирди жана ага багынып берди".
Ошентип Тон-йокуктун бөтөнчө айлакердигинин, Күл-тегиндин эрдигинин жана түрк
черүүлөрүнүн чыдамдуулугунун аркасында коалициянын мүчөлөрүнүн бири катардан
чыгарылган. Кыргыз жери үстүртөн багындырылган деп божомолдоо керек, анткени Тон-
йокук ал жерге гарнизондорду калтырган эмес, бирок эми аркадан сокку урулат деп
коркпостон бүт көңүлүн батыш проблемасына топтоого болор эле.
Экинчи сокку. Түргөш ханы Согэ 708-жылы Кытай менен союздук келишим
түзгөн60. Кыязы, Тон-йокук дал ушул келишимди айтып жатса керек. Бирок зор Түргөш
дөөлөтү бекем эмес болгон, анткени ал Батыш Түркүт кагандыгын кыйроого алып келген
ыркы кетүүнү мураска алган эле. Кыязы, мамлекеттик саясаттан алыс болгон себептер
боюнча "Согэ өзүнүн жолбашчысы Кюэ-чжо (Кули-чур) менен чыр-чатакташып, экөө өз ара
айыгышкан согушту башташса керек"61. Согэ өзүнүн кол алдындагынын үстүнөн даттанып,
Кытай өкмөтүнө кайрылган, бирок беркиниси пара берип, ал жакка ишти анын пайдасына
чечүүгө тийиш болгон чиновникти жиберүүгө үлгүргөн. Согэ күтүлбөгөн жерден катты
кармап алып, чиновникти өлтүрүп салган. Андан кийин, түрктөргө каршы күрөшүүнүн
ордуна ал Аньси (Куча) чебине кол салып, ал жердеги кытай аскерлерин талкалаган. Аны
бул Кытай өкмөтүн өзү менен эсептешүүгө мажбурлоо үчүн жасаган, натыйжада
максатына жеткен. Император Чжунцзун "аны кечирип", батыштагы тынчтык калыбына
келтирилген. Бирок түрктөр менен согушуу үчүн мезгил өтүп кеткен эле, ошондуктан
союздаш тардын ортосундагы мамилелер чын ыкластан болбой калды.
Бир кырсык бүтөрү менен экинчиси башталды. Согэ өзүнүн иниси Чженге акимдик
бөлүп берди, бирок иниси аз берди деп таарынып калды. Ошентип, 710-жылы өзүнүн
агасынын жазасын берүү үчүн түрк ханынын тарабына өтүп кеткен.
Кыязы, акылман Тон-йокук: "Түргөш каганынан тыңчы (кorug, а балким мында
туурасы "байкоочу" —Л.Г.) келди", —деп жазганда Чженди айтып жатса керек. Анын сөзү
ушундай. "Чыгыштан каганга жүрүшкө жөнөйбүз дейт ал. Эгер биз жортуулга чыкпасак,
анда ал бизди жеңип кетет. Түргөш каганы жүрүшкө жөнөдү, — дейт ал, — "он ок" эли
бири калбай жүрүшкө жөнөдү дейт, алардын арасында табгачтардын аскерлери бар"62
.
Капаган-хан өзү түргөштөргө кол салууга батынбады, анткени анын башкы күчтөрү
чыгышта топтолгон эле жана иш өтө тобокелдүүдөй көрүнгөн. Аялымдын сөөгүн коём
деген шылтоо менен ал ордодо калып, Алтын чытырман токоюна (Алтаин-нуру тоо
кыркасына) 20 миң атчандан кароол койгон63. Бул аскерлердин үстүнө башчылыкка ал
өзүнүн кенже уулу Инэл-каганды64 (Ине-хан менен салыштырыңыз) жана тардуштардын
шады Могилянды дайындаган, ал эми жетекчи кеңешчиге (штабдын башчылыгына) —
Тон-йокукту дайындаган.
Тон-йокукка жалаң гана коргонуу — "өзүңдү басууга мүмкүндүк бербөө"65 качып
келгендерди жана маалыматты чогултуу боюнча катуу көрсөтмө берилген эле. Бирок, Тон-
йокук буйрукту аткарарына анчалык ишенбеген хан апатар-ханга (полномочиелүү өкүл,
комиссар) Тон-йокукка тобокелге салып чабуулга барууга уруксат кылбоого көрсөтмө
берген. Кыязы, мурунку жүрүштүн ордунан чыкпай калышы түрк ханынын эсинде терең
калса керек. Бирок Тон-йокук өз билгенин кылып, кичинекей армиясын чабуулга алып
кирди. Душман үчүн күтүлбөгөн жерден аракеттенүү көнүмүшүнөн тайбаган ал Алтаин-
нуру66 калың токою каптаган тоо кыркасы аркылуу өтүп, Кара Эртыш аркылуу кечип,
ылдам жүрүш менен бир түндүн ичинде Болчу, т.а. Урунгу67 дарыясына жеткен. Ал жерде
түрктөр түргөштөрдүн алдыңкы отрядына туш келген. Алар душман мынча капысынан
келип каларын күтпөй уктап жаткандыктан тып-тыйпыл кырылышкан68. Колго түшкөн
туткундар түрк колбашчыларына "Ярыш талаасында ондогон түмөн аскер чогулгандыгын"
кабарлашканда, түрк бектери чегинүүнү туура көрүштү. Бирок Тон-йокук капысынан кол
салуу учурун зарыл деп эсептеп, чабуул коюуга көжөрүп туруп алды. Түрктөр түргөш
аскерлерине чабуул коюп, бирок беркилер чоң деле жеңилүүгө учурашпайт69
.
Түргөштөрдүн сан жагынан анча деле артыкчылык кылбаганын белгилей кетүү зарыл.
Тон-йокуктун өзү аны төмөндөгүчө аныктаган: "Алардын эки канатынан жарым-жартылай
көптүк кылган"70. Кыязы, "он түмөн" "он уруунун" ополчениелерине ылайык келген жана
толугу менен комплектелген эмес эле. Мындан тышкары, алгачкы эки жеңиште түрктөр
түргөштөргө бир кыйла зыян келтирген. Ошондой болсо да түргөштөр эсин жыйып,
"өрттөй каптап" түрктөргө өздөрү кол салган. Бул жерде түрк атчандарынын күжүрмөн
сапаты дагы бир жолу көрүндү — түргөштөрдүн аскерлеринин таш-талканы чыгып, ал эми
Согэ каган туткунга түшүп калган. Түргөштөрдүн дөөлөтү кулай баштады. "Он ок бектери
жана эли бүт келип, баш ийип беришти"71. Ийгиликти өнүктүрүп жана түргөштөрдүн
калдыктарынын артынан сая түшүп, түрк армиясы түштүккө карай бет алды жана түрктөр
"Темир Дарбаза" деп атаган Бузгала өткөөлүнө чейин кууп барышты. Ал жерде алар
согдалардан зор алым чогултуп алды. Бирок түштүктөн Орто Азияга жылып келаткан
арабдар тарабынан андан ары жылуу токтотулду. "Бизге эр жүрөк жоокерлер кол
салышты"72. Чегинүүнү жаап турган Күл-тегиндин баатырдык күрөшү гана түрктөрдүн
негизги күчтөрүнө душмандан куйругун үзүүгө мүмкүндүк берди 73 . Бул кагылышуу
жөнүндө каң-шаар, ал түгүл Тибетке чейин жетти74
.
Бул операциянын убагында Күл-тегин өзүн даңкка бөлөдү, анткени түштүктү карай
чегинип бараткан түргөштөрдү жана Кошу-тутукту, т.а. али Орто Азияда сакталып калган75
акыркы нушиби хандарынын бирин талкалай алды. Экинчи милдет да биринчи милдет
сыяктуу эң сонун чечилди: 710—711-жылдарда батыштан болгон коркунуч жоюлду.
Капаган-каган толук жеңиш, колго түшкөн Согэ жана согуш олжолору жөнүндө кабар
алганда, ал батышты толук жеңилип алынды жана түргөш хандарынын болушу ашыктык
кылат деп эсептеди. Ошондуктан ал чыккынчы Чженге мындай деп айтты: "Силер, бир
туугандар болуп туруп, өз ара ынтымакта жашай албадыңар; эми ушунчалык берилгендик
менен мага кызмат өтөй алмак белеңер?" Ошентип 711-жылы экөөнүн тең башын
алдырды.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   eldar96   23 Сентябрь 2018 - 12:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бирок ал шашылбады: батыш талкаланганы менен, каратылып алына элек эле. Кара
Эртыштын жээктеринде жана Тарбагатайда жашаган карлуктар "эркиндик жана көз
каранды эместик үчүн" түрктөргө каршы чыгышты. Жаңы душман менен күрөш батыш
армиянын күчүн бир канча жылга матап турду. Ишенимдүү ээлик батыш Жуңгария гана
болуп чыкты, ал жерде түрктөргө мукрилер (кытайча могэ76) баш ийип берди. 717-жылы
МохэдеТутун (Багадур-тудун) деген бирөө "согушта көрсөткөн кызматы үчүн" 77
империялыктар тарабынан Ташкенттин вассалдуу өкүмдарлыгына дайындалгандыгына
караганда Согдада түрктөр карманып турган эмес. Батыш түрктөрүнүн 714-жылы
империянын бийлигин кулатууга жасаган аракетинен да майнап чыккан эмес.
Империялык генерал Ашина Хянь көтөрүлүшчүлөрдү Суйшэнин (Токмок) жанында
талкалап, алардын жолбашчысын өлүм жазасына тарткан. Ушул жеңиштен кийин
карлуктар, хулувулар жана суништер өздөрүн империянын букаралары (албетте, үстүртөн)
деп таанышкан, т.а. түрктөр менен түргөштөргө78 каршы аны менен союзга кирген.
VIII к. ортосунда империялыктар түрктөрдүн Согдадагы бардык ийгиликтерин жокко
чыгарган. Бирок Тибеттин иш-аракети Батыш аймакта Кытайдын активдүүлүгүн матаган
сыяктуу эле карлуктар да Күлтегиндин армиясын матап турган. Мындан батыш Согданы
жана Тохарстанды багынтууну аяктоого үлгүргөн арабдар утуш алган.
711-жылдын акырында тибеттиктер согуш аракеттерин Батыш аймакка которгон.
Алардан качып кутулуу үчүн шато уруусу Бэйтиндеги империялык гарнизондун коргоосу
астында Баркөл көлүнөн көчүп кеткен. 713-жылы тибеттик аскерлер Фергана өрөөнүнө
кирип, арабдар менен союз түзгөн жана аны менен бирге Ферганада Алуда деген бирөөнү
бийликке койгон. Бирок 715-жылы Кучанын акими жергиликтүү күчтөргө жана
айланадагы уруулардын ополчениесин таянып, Ферганага каптап кирип, зулумду качып
кетип кутулууга аргасыз кылган жана мыйзамдуу хандын бийлигин калыбына келтирген.
Тибеттиктер кайра кайтууга аргасыз болуп, ал эми арабдар менен империялык чек ара
убактылуу турукташып калган.
Үчүнчү сокку. Батыштагы ордунан чыкпаган коалиция чыгыштан Кытайдын кол
салышынын коркунучун түрктөр үчүн четтеткен жок. Гоби аркылуу Алтайга
империялыктар чабуул жасай албады, анткени эң мыкты атчандарды берип турган
райондорду алардан түрктөр тартып алган эле, ошентип эми империялык армиянын
көпчүлүк бөлүгү кытайлардан куралган болуп чыкты.
Ошондуктан чабуул коюу объекти катары Маньчжурия, атап айтканда, анын татабдар
жашап жаткан батыш бөлүгү тандалып алынды.
712-жылы үч корпуска бөлүнгөн жүз жыйырма миндик кытай армиясы татабдарга кол
салып, бирок өзү талкаланып калган. Дүрбөлөңгө түшүп чегинүүдө "бир канча он миң"
черүү каза болуп, "эки генерал туткунга түшүп берген". Татабдар туткундарды түрк ханына
өткөрүп беришип, ал буларды өлтүрүп салууга буйрук калган. Мындай өлүм жазасынан өч
алынбай калды, анткени ал убакта ордо көп иштер менен алагды болуп, биротоло
тынчытууга убактысы болгон эмес"79
.
Иши оңунан чыкпаган император Чжунцзунду өзүнүн сүйгөн аялы уу берип өлтүрүп,
такты Сюаньцзун ээлеген. Түрк ханы нике менен бекемделген тынчтыктын түзүлүшүн
катуу талап кылган, ошентип империялык өкмөт буга көнүп берүүгө аргасыз болгон: ханга
каныке деген титулу бар хан кызын күйөөгө беришкен жана 714-жылы "кайрымдуулук
грамотасы жиберилген" 80
.
Бул түрктөрдүн аскердик кубаттуулугунун туу чокусу болгон эле.
Бирок Империянын кырсыгы ушуну менен эле чыгып кеткен жок. Татабдардын
ийгилиги чыгыш Маньчжуриядагы Цицика Чжунсян деген майда вассалдык хан сөрөйгө
чоң таасирин тийгизген. 696-жылдан тартып ал түштүк Маньчжуриядагы жана Кореядагы
кытай ээликтерине кол салып, ал өзүнө борбордук жана түштүк-чыгыш Маньчжурияны
(Фуюй жана Чаосянь) жана ал түгүл Кореяны (Бяньхань) камтыган мамлекетти түзүп алган.
Империялык өкмөт болгон окуя менен келишүүгө аргасыз болгон. Жаңы падышалык
Бохай деп аталып калган.
Тан империясы саясий кризисти башынан өткөрүп жатты. Ал бара-бара кытай
падышалыгына айланды.
Арабдардын чабуулу. VIII к. башында Мавераннахрдын — бул жыш отурукташкан
жана өтө бай өлкөнүн согда хандыктары өзүн-өзү коргоого таптакыр жарамсыз болуп
чыкты. Арабдардын жеңиши эркектерге өлүм, аялдар менен балдарга туткундук жана кул
сатуучу базарларга сатууга алып келе тургандыгы баарына айкын болучу. Бирок ар бир
чеп жападан жалгыз коргонуп, кулай берген. Өзүнүн сепаратизмин жоюу жана уюмдашуу
согдалардын колунан келбеди. Түргөштөр гана араб отряддарынын мизин майтарып
турду.
Мунусу аз келгенсип, ал түгүл өздөрүнүн коргоочулары түргөштөр жана согдалар
менен жалпы тил табыша алышпады. Сактоочулар менен сакталып жаткандардын
ортосундагы пикир келишпестиктер гана 707-жылы кысымда калган арабдарга Хорасанга
бутун сүйрөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мына ушундай эле ыркы жоктук 709-жылы
кайталанып, мунун өзү Кутейбага Бухараны алууга мүмкүндүк берди. 710-жылы
түрктөрдүн түргөштөрдү талкалашы арабдардын Шоуманды, Несефти, Кешти басып
алышы жана Талекандын баш ийип берүүсү менен туш келди. Кооз шаарлар өрттөлүп,
калкы кескиленип же туткунга алынып кетти. Алтын менен жибек жүктөлгөн кербендер
Дамаскка үзгүлтүксүз жөнөп турду, бирок Кутейба андан да көптү каалаган эле.
711-жылы ал хорезмшах менен Хамжурддун шахынын ортосундагы талаш-тартышка
кийлигишип, хорезмшахты такка кайра отургузду жана анын жардамы менен Хамжурдду
талкалады. Андан кийин, багындырылган бухаралыктарды, несефтиктерди жана
хорезмдиктерди мобилизациялап, Самаркандга кол салды. Самарканддыктар
кайраттуулук менен каршылык көрсөтүштү, эки тараптан тең жоготуулар өтө көп болду,
бирок арабдарга каршы туруштук бере албасын сезип, алар Фергананын ишхидине,
Чачтын ханына, түрктөрдүн каганына (кыязы, ошол эле түргөштөрдүн) жана кытай
императоруна жардам сурап элчилерди жиберишти. Түрктөр талкалаган түргөштөр
Самаркандга кандай жардам бере алмак эле? Эч кандай! Элчи Чаньанга 713-жылы гана
барып жетти, бирок император жардам берүүдөн баш тартты: ага түрктөргө каршы аскер
керек болучу81. Анын үстүнө жардам берүү кеч болуп калган эле. "Чачтын князы жана
ишхид самаркандыктардын: "Эгер арабдар Согданы жеңсе — кезек силерге да келет", —
деп жазылган катына макул болуп, куткаруу үчүн жөнөштү. Кутейба бул жөнүндө кабар
алып, аларга каршы өзүнүн жардамчысы Солехи Муслимди жөнөттү. Муслим Бек-Обод
кыштагынын жанындагы түнкү салгылашууда чачтыктарды жана ферганалыктарды
талкалады. Самарканд кулады.
712-жылдын күзүндө Кутейба82 сан жеткис олжо жана топ-топ туткундар менен
Мервге кайтып келди.
713-жылы ал өткөн жылдагы кыргындан аман калган согдаларды мобилизациялап,
алар менен өзүнүн аскерлерин толуктап Кожентке, Ферганага жана Чачка кол салды.
Кожент менен Фергана кулады, бирок Чач туруштук берди. Ал жакка империялыктар
өкүмдарлыкка дайындаган Багадур-тутун деген түрк арабдардан бөлүнүп чыкты83
.
Фергана өрөөнүндө арабдар кытайлар менен кагылшы мүмкүн эле, анткени дал ошол
жерде Батыш аймактын губернаторунун резиденциясы болгон, бирок бул жөнүндө эки
тарапта тең маалымат жок. Эки кас душман көбүнчө кагылышпоону артык көрүп, бири-
бирин четтеп өтүүгө тырышкан.
715-жылы Кутейба Чыгыш Түркстанга басып кирүүгө аракет кылган, бирок Валид
халифтин өлгөндүгү жөнүндө кабар аны кайра тартууга мажбурлаган. Кайра келаткан
жолдо козголоң чыгарууга аракет жасагандыгы үчүн өзүнүн аскер башчыларынын бири
тарабынан өлтүрүлгөн. Жеңип алуулардын доору убактылуу токтогон.
Бирок арабдардын чабуулунун убактылуу токтолушун полководецтин өлүмү менен
гана байланыштырбоо керек. Түрк кагандыгындагы зор дүрбөлөңдөр таланттуу хан Сулуга
түргөштөрдүн дөөлөтүн — араб агрессиясына каршы бөгөттү калыбына келтирүүгө
мүмкүндүк берди. Ошондой эле түрктөрдүн коркунучунан кутулган империялык өкмөт
Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө өзүнүн таасирин кармай алды. 715-жылы батыштын
он ок түрктөрүнөн түзүлгөн империялык аскер арабдарды жана тибеттиктерди
Ферганадан кууп чыкты. Бирок 716-жылы түргөштөр империялык аскерлерге сокку урду,
ал эми 717-жылы арабдар менен тибеттиктер империялык Кашкар чебине кайрадан кол
салышты.
Ал эми Кытайда... Түрктөр, арабдар жана тибеттиктер Империянын чек
араларында кандай жинденип жатпасын, ал үчүн эң коркунучтуусу кытай аялдары болгон.
Эрки бош император Чжунцзундун аялы императрица Вэй Шэ өзүнөн мурдагы У-хоунун
ордунан чыкпай калган коркунучтуу авантюрасын жүзөгө ашырууга аракет кылган.
Күйөөсү тилинен чыкпастыгын аркасында ал анын ишенимдүү кызматчыларын өлүмгө
буйрушуна жетише алган, бирок император билип каларынан, ал душманы ким экендигин
түшүнүп каларынан чочулап, өзүнүн күнүлөшү, ханыша Ан-ло менен бирге күйөөсүнө уу
берип өлтүрүп салган. Падышанын өлүмүн жашырып, тактан баш тарткандыгы жана такка
анын уулун отургузгандыгы жөнүндө кол коюлган буйрукту жасалмалап оңдошкон.
Албетте, императрица өзүн регенттикке дайындаган. Бирок мындай айлаамалдан бул
жолу да эчтеке чыкпады. Ууландырылып өлтүрүлгөн Чжунцзундун тууганы, окумуштуу,
жакшы аскер башчысы, Тан династиясына 84 берилген офицерлер, жоокерлер жана
чиновниктер жакшы көрүп урматтаган Ли-Лун-ки тандалмалуу аскерлердин башына
туруп, сарайга жулунуп кирет да эки кутумчу аялдын башын алып, такка өзүнүн атасы
Жуйцзунду отургузат (710-жыл)
85. Атасы өкүмдарлык кесипти жек көргөн жана 712-жылы
өзүнүн уулунун пайдасына тактан кечкен (өлгөндүгү титулу Сюаньцзун).
Тан империясы дагы бир сыноого туруштук берди, бирок ар бир жеңиш ага оңойго
турган жок.
Жаңы император өзүнүн карапайымдыгы жана өз үй-бүлөсүнө берилгендиги менен
династиянын тарапкерлеринин жактыруусуна ээ болгон. Бул ага ууландырып өлтүрүүгө
аракет жасаган өзүнүн аталаш эжесинин кутумун оңой жоюуга жардам берген.
Кутумчулардын башы алынган.
Андан кийин 714-жылы императрица Унун таянычы болгон буддизмге каршы мыйзам
чыгарылган. Чалдардан жана оорулуулардан башка буддалык кечилдерге өз үй-
бүлөлөрүнө кайтуу, т.а. карапайым катмарга өтүү сунуш кылынган, ал эми Будданын
бедиздерине табынууга тыюу салынган86. Сарайдагы бүтпөгөн кутумдар токтотулуп, бара-
бара жөндүү башкаруу калыбына келтирилген жана бир канча жылдан кийин Тан
империясы алгачкы императорлордун убагындагыдай кем эмес күчкө ээ болгон87. Анын
абалын Тон-йокук кыскача, бирок элестүү мүнөздөгөн: "Теңирдин уулу күчтүү, эли
ынтымакта, жылдары түшүмдүү... аларга тийүүгө болбойт"88
.
Бирок батышта жаңы коркунуч пайда болду — тибеттиктер арабдар менен союз түзүп,
ал эми кара түргөштөрдүн жолбашчысы Сулу өзүн хан деп жарыялады.
Буддизмге табынууга тыюу салуу Куча менен Карашаардын калкына катуу сокку урду,
бул жерлерде буддизм 500 жылга жакын үстөмдүк кылуучу жана адаттагы идеология
болгон. Терең сиңип калган көз карашты буйрук боюнча алмаштыруу, албетте, мүмкүн
эмес эле, бирок ага баш ийбөө ордунан чыкпаган козголоңго алдын-ала туш болуу
дегендик болмок. Ошентсе да, кучалыктар өтө амалдуу ыкма менен жол табышкан, бул
жөнүндө Муг тоолорундагы согда документтеринин биринде (А-9 документи) маалымат
сакталып калган: "Мындай деген каңшаар бар: кучалыктар жана "им" (кыязы,
Карашаардын байыркы аты го, кытайча берилгенде — Ян), бүткүл эл — төбөлдөр да,
көпөстөр да, карапайым эл (кызматкерлер) да жана 14000 дин насаатчылары
(мугалимдер, baxpi) брахман динине өттү"89
.
714-жылы жазылган бул текстти90 сөзмө-сөз түшүнүү мүмкүн эмес, баарынан мурда
мунун себеби брахманизм прозелиттик дин эмес, ошондуктан ага кирүү үчүн кастанын
мүчөсү болуу керек, ал эми ага ошол кастада төрөлгөндөр гана мүчө боло алышат. Анын
үстүнө эгер динди мындай өзгөртүүгө чынында эле мүмкүн болсо, анда ал Теңир-Тоо
аймагынын тарыхында изин калтырбай коё алмак эмес; бирок биз кийин Куча менен
Карашаардын калкы будцистер болуп кала бергендигин көрөбүз. Манихейликтин жана
христиандыктын бир аз эле таркашы да бул өлкөнүн жазуусуна таасирин тийгизген, бирок
брахманизмдин изи да жок. "Каңшаарлар" же "ушактар" айтканга караганда, иш башкача
болгон деп ойлоого болот. Императордун буйругун Кучага чек аралык аскер чиновниги
алып келген, ал эми бул адамдар философиялык майда-чүйдөлөрүн териштире билген
эмес. Ал кийин отчет берүү үчүн буйрук аткарылышын гана талап кылган. Буддизмден
башка динди тутууга уруксат берилген, ал эми брахманизм жана анын догматикасы жана
ырым-жырымдары жөнүндө чек аралык бийликтер эмес, кээ бирөөлөрдүн гана, буддизм
менен байланыштуу болгон окумуштуулардын гана үстүртөн түшүнүгү болушу мүмкүн эле.
Демек, кучалыктар менен карашаардыктай императордун буйругу өздөрү тарабынан
аткарылып жатат жана алар тыюу салынбаган динди тутуп жатат деп тартынбастан
билдире алышкан. Бул андай эмес деп эч ким далилдей алган эмес. Анын үстүнө бул
алдамчылыкты ашкерелөөнүн эч кимге кереги да жок болучу, анткени буддизм Кытайда
арты чуулуу болуп, ал жакта бул дин башка идеологиялык системалар менен
атаандашкан, ал эми Кучада ал эч кимге тоскоолдук кылбаган бирден-бир жана көнүмүш
көз караш болгон.
Буйрукту кыйшаюусуз түрдө аткаруу чындыгында каалабагандай эксцесстерди
туудурушу мүмкүн эле, ал эми Кытай администрациясы үчүн адат болуп калган
формализм бул учурда абалдан чыгуунун аргасын тапкан. Албетте, буддисттер
императорду алдап жатат деп базарларда кыйкырып чыгуу дегени менен кооптуу эмес
болгон, ошондуктан Согдага чейин расмий версия жетип, ал каттын контекстинде "муну
уккан" каттын автору Хутталга барып, ага ошол жерде кала берүүгө кеңеш берген катары
угулат д.у.с. Башка сөз менен айтканда, кучалыктар жөнүндө эске салуу Империянын
батыш райондорундагы ошол убакта туруктуу болуп калган абалды мүнөздөө үчүн
кыстарылган.
Аскердик системанын эволюциясы. Сюаньцзундун убагында түзүлгөн бүткүл
курч абалды түшүнүү үчүн 723-жылы алынып салынган аскердик фубин системасынын
эволюциясын карап чыгуу зарыл. Бул системаны жоюу аны орноткондогудан бир кыйла
маанилүү кесепеттерди кошо ала келгендигин айта кетүү апырткандык болбойт. Фубин
системасы IV к. Түндүк Кытайды жеңип алган тоба уруусунун аскердик уюмунан келип
чыгат. Бул система боюнча армияда кызмат өтөө сянбилик тукумдар үчүн милдеттүү
болгон. Сыйлык түрүндө аларга жер участкалары бекитилип берилген жана аскердик
кызматты өтөп жүргөндөр калган бардык милдеттүү алымдардан бошотулган. Кызмат
өтөө мурас боюнча өтүп, бара-бара жоокерлер артыкчылык берилген кастага айланган.
Адегенде бул армия жалаң гана сянбилерден түзүлүп, бирок кийин аны Шаньси жана
Шэньси аймактарынан чыккан бай кытайлар менен толуктай башташкан, анткени бул
райондор кытай маданиятын расмий кабыл алып, кытай тилин мамлекеттик тил деп
тааныгандан кийин чет элдик династия менен жуурулушуп кеткен. Бул компромисс кытай
элементтери жеңип чыкканда, т.а. Бэй-Чжоу жана Бэй-Ци династияларында фубин
системасынын сакталып калышына мүмкүндүк берген. Бирок ал убакта 564-жылдагы
мыйзам боюнча аскердик милдет карапайым калкка да таркатылган, ошентип катарлаш
эки система уюштурулуп, асыл тукумдардын — фубиндердин армиясы элден чыккан
армия менен теңештирилген болучу. Мунун артынан фубинге мүлксүздөрдү да, чет
элдиктердин да, кытайларды да киргизе башташкан жана милдеттүү кызмат өтөө жылына
алты айга белгиленген. Суй династиясынын убагында фубиндердин абалы ого бетер
начарлаган: 590-жылдагы буйрук боюнча жоокерлерди өзгөчө "аскердик тизмелерге"
эмес, "граждандык түтүн тизмелерине" киргизе башташкан, т.а. алар эми алымдардан
бошотулбай калышкан. Бул чара Кытайда сянби үстөмдүгүнүн калдыктарын жоюуга
багытталган Суй саясатын мүнөздөйт.
Тан династиясынын жеңиши фубинди убактылуу жандандырды. 650-жылдагы буйрук
боюнча командирлерге жер үлүштөрүнөн тышкары акчалай маяна тийиштүү болгон,
"граждандык түтүн тизмесине" киргизүү системасы өзгөртүлбөсө да, фубин аскерлери
граждандык администрацияга эмес, округдук аскер башчыларына баш ийишкен91. Бирок
фубин тышкы душманга каршы эмес, кытай калкынын ичинде кадырсыз династияны
чындоо үчүн пайдаланылган. Фубиндердин аскерлеринин көпчүлүк бөлүгү чек араларга
эмес, борбордун айланасына топтолгон болучу. Чек аралык аскерлер же атчан аткыч
күзөтчүлөр көчмөндөрдү жалдоо жолу менен толукталып турган92
.
Кытай калкы менен компромисс саясаты фубин аскерлерин керексиз кылган. Бул
система иш жүзүндө 723-жылдагы буйрук менен жоюлуп, аскердик мансапты улантууну
каалагандар чек ара аскерлерине кире алышкан, ал эми 735-жылдагы буйрук аны
юридикалык жактан да жойгон93. Мына ушул акты менен Империянын кытайлык жана
кытайлык эмес бөлүктөрүнүн бириктирүү мүмкүн эместей болгон жикке бөлүнүү аяктаган.
Ушул убактан тартып Хэ-дунда өзгөчө этностук субстрат калыптана баштаган. Чек аралык
аткычтар армиясы Кытайда байырлап калган бардык кытай эместердин бирден-бир баш
калкалоочу жайы болуп калган, алар үчүн кытай калкынын улуттук жогорулашы эч кандай
жакшылыктан үмүттөндүргөн эмес. Кайра жаралышын байкабагансышкан династияга
берилгендик гана бири-бирин жек көргөн профессионалдык армия менен көп
миллиондук элди али байланыштырып турган.
Империялык башталма менен кытайлык башталманын күрөнгү адабиятта да
чагылдырууга ээ болгон. Тан доорундагы кытай поэзиясы түркөй пацифизмге жык толгон,
булардан оппозициялык маанайды жана өкмөттүк саясий багытты чүмбөттөп айыптоону
оңой эле көрүүгө болот. Тескери көз караш, канчалык таң каларлыктай болбосун, өз
өлкөсү талкалангандан кийин жеңүүчүгө, император Тайцзунга кызмат өтөөгө барган
жоокерлердин байыркы ырларынын корейче котормолору түрүндө же иштеп чыккан
түрүндө бизге келип жеткен.
Кээ бир корейлердин — тан полководецтеринин — ысымдары тарых үчүн сакталып
калган, булар Тан доорундагы корей аскерлеринин эрдиктерин даңктаган XV к. жашаган
акындар Хэчи Чжан-чжи жана Гао Сянь-чжи болгон94
.
Алар эски корей ырларын пайдаланышкандыгын же аларга үндөш кытай ырларын
которгондугун, же болбосо алардын өздөрү сегиз кылым аркылуу аларга жеткен аскердик
даңктын жандуу салтын камтыгандыгын ишенимдүүлүк менен айтуу кыйын, бирок алар
сыпаттаган бул же тигил жагдай кайталангыс жана бизди кызыктырып жаткан доорго
толук ылайык келет.
Бул эске түшүрүүлөр кийинки акындардын маанайлары менен үндөш болгон жана
алар атайын өткөн күндөрдү кайра эске салышкан деп ойлоого болот.
Поэзиянын өнүгүшүнүн бул жана башка багытын салыштыруу Тан империясын жана
анын эң сонун борбору Чаньянды бүлүндүргөн ички күрөш жөнүндө айкын-ачык
далилдеп отурат.
Цуй Жун95
Батыш деңиз үстүнө
көтөрүлүп күмүш ай...
Чек арадан
соккон шамал сес берет.
Тоого, түзгө
ай жарыгы төгүлүп —
Уч-кыйырсыз теребел да мемирейт!
Кытай колу
жайык жакка жулунуп,
Атчандары жарып өтөр жол издейт.
Душман жактан
КИМ ЧОН СО96
Бак учунда
улуп түндүк шамалы,
Кар бетинде
чагылат ай жарыгы.
Ата журттан
алыскы чек арада
Сакчы болуп
узун кылыч байланып,
Каармандык үлгүсүндөй турамын...
Каарданган айкырыгым муңайым күү сыбызгып
Үйдү эңсетип
жүрөктү эзет кусалык...
таш жарат,
Жер үстүндө
жолум тосор күч жоктой.
ВАН ЧАН ЛИН97
Дарыядан кечип өттүк
мупмуздак,
Аттарыбыз
сугарылып бүткөн соң.
Күн карытып
күүгүм кирип баратат,
Желаргынын
желпимине оронгон.
Муңга батып
мейкинге көз жиберсем
Тунжуроодо
өлүк толгон ЛИНЬТАО.
Салгылашта жеңип чыкса
эрдемсип
Жоокер деми
көтөрүлүп турчу деп,
Карыялар
узун сабак кеп кылат.
Эми кара,
өлгөндөрдүн сөөктөрү агарып,
Жатат минтип
чөлдөй үнсүз тунжурап.
КИМ ЧОН СО
Тууну сайып
ЧАНБЕКСАНдын үстүнө,
Кечип өттүк
Туманган кең өзөнүн.
Кана эмесе, о оёндор,
айткыла, Суу жүрөккө
кирбейсизби биз эми?
Линянгэнин98 даңкы үчүн дагы да,
Кимибизди тандап алат сүрөтчү?
Салыштыруу өзүн-өзү көрсөтүп отурат. Кытайдын согушка каршы ырларынын
тизмесин дагы улантууга болор эле. Маселен, Ду Фу түз эле мындай деп билдирген: "Мен
да, чал болуп туруп, өлкөлөрдүн чек араны кеңейтүү керектигинен шектенем" 99. Бул
дегеле бейкуттукту сүйгөндүк эмес, анткени варварлардын үстүнөн болгон жеңиш ага өтө
жагат, эң акырында, көчмөндөрдүн жортуулдарынан кутулуунун бирден-бир жолу — чек
ара аскерлерин мүмкүн болушунча ары карай жылдыруу экендигин ал түшүнбөй коё
алмак беле. Жок, ага Кызыл сарайдан, т.а. Суй династиясынын сарайынан алынып кеткен
алтын табактар менен тойлоп жаткан династияны жана сарайды айыптоо маанилүү
болгон100 . Мында Тан монархтарынын өздөрү өзүнүн кытайлык букаралары менен
компромиссти издешкендигин жана, биз мурда билгендей, өзүнүн ишенчээктигинин курмандыктары болуп калышкандыгын белгилей кетүү керек. Бирок түрктөрдүн бөлүнүп
кетиши тактын кең талаадагы таянычын ушунчалык туруксуз кылып, ички бейкуттукка
жетишүү такка отурган император Сюаньцзундун зарыл милдети болуп калган.
Кытайлар бара-бара, бирок кыйшаюусуз түрдө сарайдагы бийликти өз колуна
алышкан. 739-жылы Конфуцийге ханзаада деген титул берилип, аны эскерүүгө арналган
шаан-шөкөттөр тийиштүүлүгүнө карай өзгөртүлгөн 101 . Андан кийин чин алуу үчүн
гуманитардык билим зарыл болгон, мында бул жагынан кытайлар түрктөр менен
моңголдорду оңой эле кууп өтүшкөн; 754-жылы чиновниктерди даярдоо үчүн Ханьлинь
академиясы негизделген. "Аристократтар" менен "илимпоздордун" ортосунда күрөш
башталган. Илимпоздор ушак-айың таратуу, жалаа жабуу менен жеңип чыгып, өкмөттүн
башына алардын койгон адамы Ли Лин-фу102 туруп калган. Мына ушунун баары Кытайга
граждандык бейкуттук алып келип, Сюаньцзунга талаа саясатына көңүлүн топтоого
мүмкүндүк берген.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   eldar96   23 Сентябрь 2018 - 12:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КЕСКИН ТОЛКУНДООЛОР
Бурулуш. Империянын ийгиликсиз бүткөн бардык иш-аракеттери император
Сюаньцзунду Азиядагы өз үстөмдүгү үчүн күрөштөн баш тартууга аргасыз кылды. Бирок,
иши ондой берди болуп ага Капаган-хандын өзү пайдалуу жардамчы болуп чыкпаспы.
Кырдаал-шарттын өзгөрүшүн «Таншу» кытайларга мүнөздүү болгон прагматизмге
негизденип, хандын өзүнүн керт башынын сапаттарына байланыштырып төмөнкүчө
түшүндүрөт: «ал өзүнүн букараларына адамгерчиликсиз мамиле жасады, ал эми
карыганда акылынан ажырап, ачууга алдырып салды. Аймактарда нааразылыктар күч
алып, бөлүнө башташты1
. Чындыгында да 714-жылдын аягы ченде Күл-тегинге каршы
согушуп жатышкан карлуктар, хулувулар (кытайча хуву) жана шунишилер 2
өзүнүн
карамагына алуу өтүнүчү менен Империяга кайрылышты. Жети-Суу менен Тянь-Шандын
жака белдеринде жашаган батыш түрктөр Империянын кызыкчылыгын колдоп,
Кагандыкка каршы көтөрүлүп чыгышты. Татабдар, алардын артынан кидандар да
Империя тарапка өтүп кетишти3
. Баарынан да, багындырылбай, өз ыктыярлары менен
кошулуп алынган «хандын өз эли» — токуз-огуздар да козголоң чыгарышканы жана
Гобидеги, Иньшандагы жана Алтайдагы түрктөрдүн үч бегинин душман тарапка өтүп
кетиши Капаган үчүн ого бетер жаман болду.
Империялыктардын Жуңгариядагы таяныч пукту болгон Беш-Балыкты талкалап
салууга жасаган түрктөрдүн аракети алардын өзүлөрүнүн толук кыйроосу менен аяктады4
.
Мында түрктөрдүн колбашчыларынын бири туткунга түшүп, шаардын дарбазасынын
түбүндө башы алынат, экинчиси болсо ханга кайрылып келүүгө батынбай Кытайга качып
кетет. 715-жылдын башталышына жакын түрк ханына баш ийип турган аскерлер деңиздей
толкуган көтөрүлүшчүлөрдүн арасында кичинекей аралча сыяктуу гана болуп көрүнгөн.
Онгиндеги жазуу эстелигинде артка чегинүүгө арга жок болуп калган абалдын бүткүл
оорчулугу даана чагылдырылган. «Токуз-огуздардын бектери кайрадан бизге душман
болуп калышты. Алар күч-кубаттуу эле. Хан жөнөп кетти... Биз калган-каткандан чогулган
бир байкуштар сыяктуу болуп калдык; биз аз экенбиз, алардын көптүгү көрүнүп эле турду.
Кол салабыз... Мен өзүмдүн бектериме мындай дедим: «Биз азбыз»5
. Бул аз келгенсип,
хандын Кытайда элчи болуп жүргөн үчүнчү уулу да каза болуп калат, аны асемдеп дурус
көмүшсө да, хандын көңүлүн көтөрө алган жок.
Көчмөндөрдүн маанайындагы мындай кескин бурулушту эмне менен түшүндүрүүгө
болот деген суроо пайда болот. Элди көтөрүлүш чыгарууга түртүү үчүн чет жерлик
эмиссардын пайда болушу жетишсиздик кылар эле. Калыбы, талаа аймактарында хандын
бийлиги анчалык кадыр-барктуу болбосо керек. Ички чыр-чатактардын жана өз ара
айыгышуулардын себептерин ачык көрсөтүүгө аракеттенип көрөлүк.
Көтөрүлүштүн дурт этип чыгышын хандын акылдан ажырап калгандыгы менен
түшүндүргөн кытайлык версия дегеле туура эмес. Маселени бир кыйла тереңирээк
түшүндүрүүнү бир орхон жазууларынан табабыз. Ырас, бул жазууларда да көтөрүлүштүн
себеби катарында элдин өз керт башынын пайда-камын ойлобогону жана «тайкылыгы»
көрсөтүлөт, бирок муну менен бирге, мамлекеттин өз букаралары менен коңшуларынын
баарына эле жага бербей турган идеалы баяндалып жазылат. Эстелик жазуунун автору
Йоллыг-тегиндин пикири боюнча, бардыгынан эң жакшы нерсе — бул, төрт тарапта
жашаган бардык элдерди каратып алып, аларды тизе бүгүп, башын ийүүгө мажбурлоо
болуп саналат. Ата-бабалар ушундайча иштешкен, Капаган-хан да алардан кем калышкан
жок. Ал бийлеп турганда түрк ээликтеринин аймактары кеңип, түрктөр бөтөн
жайлоолорду басып алышып, байлыктарын арттырышкан. «Ал кезде биздин кулдарыбыз
да кул ээлери болуп калышкан»6
.
Экинчи кагандыктын түрктөрү биринчи кагандыктын мезгилдегиге караганда бир
кыйла көп даражада аскердик демократия абалында жашап турушту. Кошуундун ичинде
иерархия теңчиликти да сактап турду, бирок айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн бул демократия
эмес эле терини тескери сыйрыган коом болучу. Ошондуктан мындай коомдо үстөмдүк
кылган уруулар менен багынтылган уруулардын ортосундагы карама-каршылык негизги
карама-каршылык болгон.
Академик В.В.Бартольд түрк коому аристократиялык коом болгонбу же
демократиялык коом болгонбу деген суроону койду. Бул мааниси жок суроо болду,
анткени түрк армиясында «або менен тархандар» катардагы жоокерлер болгон, ал эми
бектер колбашчылардын курамын түзгөн, мунсуз ар кандай аскер маанисиз болор эле.
«Эл» жана «аскер» деген түшүнүктөр дал келген жерде аристократия жана демократия
түнгүнүктөрүнө орун жок. Кошуун толуктап турууга муктаж болгондуктан токуз-огуздарды
кабыл алышып, өз түрктөрүнө теңештирип коюшту, ал эми калган бардык багындырылган
уруулар элди, т.а. дөөлөттү түздү да, хандын «туткундары» деп эсептелди7
. Ырас, бул
«туткундардын» керт баштары эркин болгону менен аларды дырдай кылып тоноп
турушту. Токуз-огуздардын абалы эң эле сонундай көрүндү, бирок эркиндикти сүйгөн
уйгурлар мындай жашоону каалашкан эмес болучу. Алардын саясий идеалы чабал хандык
бийликтин карамагында турган өз ара ыктыярдуу биримдикке негизденген уруулар
конфедерациясы болгон. Уйгурлар өз эркиндигин коргой алышкан, «олжо үчүн» жат
туунун астында туруп, баатырдык менен салгылаша да билген, бирок эч качан бекем
туруктуу мамлекетти түзө алышкан эмес, ал түгүл буга умтулушкан да эмес. Түрктөр
тарабынан өздөрүнө бөлүнгөн талап-тоноп алынган олжолордун үлүшү алар тараптап
катуу тартипти сактоонун жана кемсинтилген баш ийүүчүлүктү сактап туруунун
зарылчылыгына арзыган эмес.
Тили, расасы, турмуш-тиричилиги жана кесипчиликтери боюнча окшош коңшулаш эки
элдин көздөгөн максаттары ушундайча терең айырмаланып турган.

Күл-тегин. Акылман Тон-йокук өтө карыгандыктан түрк кошуундарына колбашчы
боло албай калган. 716-жылы ал 70 жашта болучу8
. Кагандыкты куткарып калуу милдети
Күл-тегинге тийди. Ал төрт жыл бою (711—715) карлуктар менен салгылашта
карлуктардын колун талкалап, 716-жылы гана аларды Кагандыкка баш ийүүгө мажбур
кылды. Бирок бул учурда дөөлөттү көтөрүлүш каптап тургандыктан өзүнүн конуш журтуна
кайтып келаткан жолдо Күл-тегин аздардын каршылыгына туш болот. Аздар Кара көлдүн
(Батыш Моңголиядагы Тотохаранор көлү)9 жанында жеңилип, талкаланат.
Үйүнө кайтып келип, Күл-тегин уруулар аралык кызуу согуштун үстүнөн чыгат. Өзүнүн
ветерандары менен изгилдерди жапырып кирип, талкалап, аларга кызыл кыргын
салгандыктан, кийин изгилдердин аты да унутулуп калыптыр. Тогу10 тоосунун жанында
түрктөр токуз-огуздар менен биринчи жолу беттешет, бирок Күл-тегиндин бүткүл кайрат-
күчүнө карабастан жеңишке жетише алышкан эмес. Кушгалактын жанында эдиздер
(кытайча адйе) талкаланып, толук жок кылынат. Андан кийин Бол... деген жерде токуз-
огуздардын колу кыйралат, бирок эстелик жазууда айтылгандай, алардын эли
багындырылганына карабастан, кийинки Чуш тоосунун жанындагы салгылашта алар аз
жерден түрк аскерлерин талкалап коё жаздашкан. Күл-тегин душмандарды сүрүп,
артынан кууп жүрүп отуруп, аны чоң жоготууларга учуратат. Калыбы, алар тонгра уруусу
болсо керек. Ушундан кийин эле Күл-тегин Эзгенти Кадаздын жанында токуз-огуздар
менен болгон салгылашта жеңишке жетишип, бирок «шаарга кирген эмес»11 Сыягы,
аталаш инисинин ийгиликтери ханды тынчсыздандырганбы, Кадазды алууну колбашчы
Алп Элетмишке тапшырат, ал бул милдетти аткарат. «Ал карапайым адамдарды топтоду»,
а бектер болсо качып кетишти 12 . Кыш түшүп калгандыктан 715-жылдагы жортуул
жүрүштөрү ушуну менен аяктайт.
716-жылы жазында Капаган-хан аталаш иниси Күл-тегиндин даңкына кызганычтык
кылып, токуз-огуздарга каршы колду өзү баштап жөнөйт. Күл-тегин ордону, т.а. аялдар
менен балдарды кайтарып калат.
Ошондо карлуктар13 өч алуу үчүн убакыт келди деп чечишет. Алар эки фронтто согуш
жүргүзүү үчүн түрктөрдө аскер аттары жетишпейт деп ойлошот. Түрктөрдүн негизги
күчтөрүнүн чыгышка кеткенинен пайдаланышып, алар Алтайдан эки кошуунун алдырат,
алардын бири түрктөрдүн негизги күчтөрү багыт алган жактын алдын тосмок, экинчиси
ордону талап-тономок. Бирок ордону Күл-тегин коргоп турган болучу, ал бул жолу да өзүн
даңкка бөлөдү. Күчтөр тең болбогон бул салгылашта ал кулчулукка кетип же өлүмгө
дуушар боло турган катын-балдарды калкалап, карлуктардын «он баатырын сайып
өлтүруп, ордону сактап калат». Ошол учурда Капаган-хан да кумдуу талаанын түндүк
тарабындагы козголоңчул кошуунду талкалайт. Бул согуштагы андан аркы окуялар бизге
белгисиз.
Мындан кийин байырку уруусунун кезеги келет. Алар 716-жылы Толо дарыясынын
жанында талкаланат. Бирок ушул жолу күтүлбөгөн окуя болду: жеңиштен кийин кайтып
келе жатып, хан сакчыларынан бөлүнүп, токойдо жалгыз өзү ойлуу бараткан болот. Дал
ушул токойдо талкаланган байыркулар жашырынып жатпаспы. Жалгыз атчанды көрүшүп,
ага кол салышат да, аттан оодара тартып түшүрүп, аны өлтүрүп салышат. Хандын башын
кесип алышып, Кытайдын элчисине берип жиберишет, ал аны Чанъанга жөнөтөт.
Кагандыктагы көтөрүлүштөр менен Империянын ортосундагы тымызын байланыштын бар
экени ушундайча ачылат14
.
Бирок бул да аздык кылат: 702—703-жылдарда Империянын тарабына өтө качып
кеткен уйгурлардын жолбашчысы «Мочжого каршы барып, аны өлтүрдү» деген түздөн-түз
билдирүү бар15. Бирок хандын өлүмүнө карабастан көтөрүлүш басылып ташталган эмес
эле. Империя өзүнө Маньчжурияны гана кайтарып алат. Ал жерде тардуштардын шады
Могилян согушуп жаткан болучу, Агунун16 жанында эки жолу жеңишке жетишсе да,
калыбы, иши оңунан чыкпаса керек17
.
Хан өлгөндөн кийин мураскер жөнүндөгү маселе келип чыкты. Капаган-хан өзү өзүнүн
улуу уулун мураскер деп мурда эле дайындап койгон болучу, ошондуктан ал Кучук-хан,
т.а. «кичик хан» деген наам (титул) алып жүргөн. Эски түрк мыйзамы боюнча
тардуштардын шады Могилян мурасчы болмок, бирок, иш жүзүндө Күл-тегин баатыр
түрктөрдүн «түбөлүктүү элинин» жолбашчысы болуп калат.
Күл-тегин демилгени өз колуна алып, аскерий төңкөрүш жасайт: ал өзү кайтарып
турган ордого кол салат. Анын ордуна колбашчы болуп калган Алп Элетмиш
козголоңчулар тарапка кошулуп кеткендиктен, төңкөрүш ийгиликтүү ишке ашат. Кучук-
хан18 жана Капаган-хандын кеңешчилери өлтүрүлөт. Капаган-хандын балдарынан ошол
маалда Кытайда жүргөн уулу Мо-тегин жана Ашидэ Мими дегенге турмушка чыккан 17
жаштагы кызы аман калат. Эринен айрылган ханыша Кытайга качып кутулат, ал жерде
адегенде сарай кызматына алынат, бирок көп узабай агасынын боз үйүнө келип жашап
туруп, ошол жерде каза табат. Анын агасы алгач Империянын аскеринде кызмат өтөп
турат, бирок кийинки булактарда ал жөнүндө эскерүүлөр жолукпайт. Капаган-хандын
тукумдарынын тагдыры ушундай болуп аяктайт19
.
Күл-тегин эски мыйзамды бузган жок, ошондуктан ал өзүн хан деп жарыялабай,
өзүнүн агасын Билге-хан деген титул менен такка отургузат. Билге-хан өзүнүн тактыны
ээлегендей «эмгек синирбегенин»20 жана инисинин колундагы куурчак сыяктуу экенин
билип турат. Ошондуктан ал Күл-тегинди аскер башчылыкка дайындайт, т.а. Күл-тегин
Кагандыктын иш жүзүндөгү өкүмдары болуп калган эле. Бардык төрөлөрдүн ичинен жаңы
хандын кайын атасы, акылман Тон-йокук гана аман калат.
Капаган-хандын эң жакын кеңешчилери гана жазаланды, бирок элди айран-таң
калтырган нерсе бул болду: «Мен хан болгондо түрктөрдүн бектери менен эли (эми) биз
да өлүүгө тийишпиз деп кайгыга батышып, жогору жакка (тактыга) жайбаракат карап
турушту»21 . Калыбы, көп адамдар мурда хандын касабына калган ханзаадалардын
алдында өзүлөрүн айыптуу сезишкен болуу керек, бирок ханзаадалар өч алгандан көрө
ырайымдуулукту артык көрүштү. Бир аз убакыт Тон-йокук да хандын кысымында турду,
бирок «эл аны урматташып, андан коркушчу»22, кийин 718- же 719-жылы гана хан ага
бойла бага тар хан чинин жана мамлекеттик кеңешчи деген кызматын кайтарып берет.
Ошентип, бийлик башына триумвират келди, анын максаты кытай маданиятына жана Тан
империясынын саясий жактан басымдуулук кылганына каршы күрөш жүргүзүү болгон.
Империя, албетте, муну менен макул боло койгон эмес.
Мына ошондуктан, Билге-хан бийликке келгенден кийин дароо тынчтык келишимин
түзүүнү сунуш кылганга карабастан, империялык өкмөт буга макул болмок түгүл, согуштук
аракеттерин күчөтө баштайт. Бирок түндүк армиянын ийгиликтери жөнүндө кытай
булактары уялып унчукпайт. Анткени менен, жапайы айбандарга аңчылык кылууга чектөө
коюлганына кыжыры келген батыш түрктөр көтөрүлүш чыгарышып, Батыштын акими
аскер башы Чжан Чжиюнду23 туткунга түшүрүп алышат. Аны өзүнө көзү түз кытайлык
жардамчылары кыйынчылык менен куткарып алууга жетишет.
Кагандыктагы жаңы өкмөт толук жөндөмдүү өкмөт болуп чыкты. Хандын өлүмү
Кагандыкка таптакыр күтпөгөн жерден оңтойлуу пайда алып келди. Капаган-хандын
каардуу саясаты анын ысымын теле уруулары үчүн жек көрүмчү кылган эле. Түрктөр
менен болгон согуштарда жеңилип калгандан кийин алардын ичинен көпчүлүгү түштүк
тарапка, Кытайга кире качышкан болучу. Бирок талаа «узун кулагы» аларга төңкөрүш
жөнүндөгү кабарды жеткирер замат жаңы кожоюндарын таштап, өз конуштарына кайтып
келе башташат. Иштин ушундайча болушун кытайлыктар Тон-йокуктун24 көчмөндөрдүн
арасындагы таасири менен түшүндүрүштү. Сыягы, Билге-хан жарыя кылган жаңы саясий
принциптердин таасири да аз эмес болду көрүнөт.
Эмнеси болсо да телелердин кайтып келиши Кагандыктын күч-кубатын калыбына
келтирип, империялык дипломатиянын ийгиликтерин жокко чыгарды. Империялыктарда
өчүп бараткан отту кайрадан тутантуудан башка эч арга калган жок.
Бирок бул мүмкүн эмес болуп чыкты, анткени 714-жылы тибеттиктер көтөрүлүп
чыгышып, Наньшандын жана Алашандын тоо этектериндеги казыналык жылкыларды
тийип алышат. Тибеттиктердин экинчи жолку кол салышы империялыктарды Хэсидеги
туруктуу аскерлеринин баарын топтоп, душмандын мизин кайтарууга жөнөтүүгө аргасыз
кылат. Тибеттиктер талкаланып, тоону көздөй сүрүлүп ташталат, бирок империялыктар
оор жоготууларга учурайт; тибеттиктердин чечкиндүүлүгү белгилүү болгондуктан
империялык армия мурда тибеттиктерге тартуу катарында ыйгарылган аймакты кайрадан
ээлеп алышып, Хуанхэнин жээги боюнча чек ара орнотот да, 718-жылга чейин
тибеттиктердин кол салууларынын мизин кайтарып турат25. Түрктөр болсо ошол маалда
тыныгып алышып, муну жакшы пайдаланышты.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Убакытты текке кетирбей Билге-хан, бир жагынан, «өзүлөрүнүн жер-суусун таштап,
табгачтарга өтүп кетишкен» токуз-огуздарга чакырык менен кайрылып, анда табгачтардын
ханы «аларды кылмышкерлерге айландырганын» жана «табгачтардын түштүгүндө
алардын аты өчүп, даңктан ажыраганын»26, ошондой эле, алардын элин, эгер кайтып
келсе «көтөрмөлөп», хан агасынан четтеп кеткендиги үчүн жазалабай турганын билдирди.
Экинчи жагынан, ал талаа мейкининде калып, каршылык көрсөткөнүн токтотпой
жаткан уйгурларга бүткүл күчү менен жапырып кирди27. Селеңга менен ылдый түшүп,
аларды кууп, кысып отуруп, конуштарын бүлдүрүп, чегингендерди Хамар-дабан деген
тоолуу тайгага сүрүп салат. Уйгурлардын жылкылары көтөрүлүш учурунда аттарынан
ажыраган түрк жоокерлерине таратылып берилет. Уйгурлардын үй-бүлөлөрү колго түшүп,
түрк ханынын кулдарын» толуктады. Уйгур элтебери жүздөй атчан аскери менен чыгыш
тарапка качып кутулат.
Чабуулдун темпин басандатпай Билге-хан Хинганды карай жөнөп, татабдарды
талкалады. Жүрүштүн натыйжасында дагы көптөгөн жылкы олжого түшүп, түрктөрдүн
армиясы ого бетер шайма-шай жана жеңилбес болуп калды. Батышта да түрктөр чыныгы
ийгиликтерге жетишти, түрк тудуну Яштар карлуктарды талкалайт. Түндүк Жуңгария
түрктөрдүн карамагына өтөт. 717-жылдын аягында талаа аймагы кайрадан түрк ханынын
таман алдында калат.
Олку-солкулук. Бийликти ээлеп алып, элди калыбына келтиргенден соң, Билге-хандын
алдында өзүнүн да, баатыр инисинин да акылын айран кылган проблема пайда болду. Ал
мындан ары эмне кылуу керек деген проблема болучу. Уйгурларды баш ийдирип, өз
букаралыгына алгандан кийин, чабуулду андан ары улантуу керек эле, бирок тылда
(оорукта) түргөштөрдүн күч-кубатынын калыбына келгенин көрүп туруп, ордону чыңдап,
позициясын ээлеп тура берген ыңгайлуу болчудай сыяктанды. Позициясы жөнүндөгү ой
714-жылдагы мыйзамдан кийин Тан өкмөтүнө каршы маанайда болгон буддисттерди
колдоого алуу менен байланыштырган эле. Сүргүндөн чакырылып келген Тон-йокук бул
эки планды тең бирдей четке какты. Жортуулга чыгуунун пайдасы жок деп эсептеди ал,
анткени Кытайда «эл ынтымакта жашап, жыл түшүмдүү болду», ал эми ордону айланта
сепил менен курчап, Буддага храмдарды куруу — өлүмгө алып барат, анткени «бул окуу
адамдарды согушчан жана күчтүү кылбастан, тескерисинче, назик жана боорукер кылып
коёт» 28 . Бул үстүрт пикир болсо да, калыбы, Тон-йокук Кытайда окуп жүргөндө
буддизмдин көп сандаган каршылаштарынын биринин тарбия-таалимин алса керек29
.
Мындан башка да Кытайда куугунтукка алынып жаткан буддизмди колдоо Тан
империясына кыр көрсөткөндүк да болор эле, ошондуктан Тон-йокуктун пикири боюнча,
бул азырынча учурга ылайык келбеген орунсуз колдоо болмок.
Ошентип, Тон-йокук иш-аракеттин эки планын тең жаратпай салат да, ханга тынчтык
келишим түзүүнү өтүнүп империялык өкмөткө кайрылууга кеңеш берет. Бирок
империялык өкмөт ханга тыныгуу үчүн убакыт керек болуп турганын баамдайт, бул
империялык өкмөт тараптан кырдаалды туура түшүнгөндүк экенин моюнга алуу керек.
Чындыгында да, «кубаттуу үчилтиктин» — Билге-хандын, Күл-тегиндин жана Тон-
йокуктун милдети Кагандыкты калыбына келтирүү эле, бул болсо Тан империясын Кытай
падышачылыгына айландырып, династиядан кытайлык букараларга каршы күрөштө
империялыктар таянып келген көчмөндөрдү ажыратууга алып келмек. Биз жогоруда
көргөндөй, ал кытайлык букаралар династиянын эң ырайымсыз жана таш боор
душмандары болуп саналган. Тан династиясына Кытай кандай керек болсо, талаалыктар
да ошондой эле зарыл керек болучу. Ошондуктан тынчтык жөнүндөгү сунуш четке кагылат
да, Тон-йокука көп сандаган душмандарга каршы күрөшүүнүн жаңы жолдорун ойлоп
табууга туура келет. Ал андай жолду табат: түрктөрдүн жакынкы мезгилге арналган
стратегиясынын принциби активдүү коргонуу, ал эми саясаты менен идеологиясынын
принциби — өзүн Кытайга карама-каршы коюу болуп калат.
Бул программа саясий багыттагы чукул бурулуш болгон. Мочур өзүн кытай элинин
эмес, кытай өкмөтүнүн душманы катарында көрсөтүүгө умтулат, тынчтык келишимин
түзгөндөн соң, маданий жактан жакындашуу максатында ханзаадаларды Кытайга
жиберип турат. Ырас, ал байланышты буддизмге каршы топтор менен түзгөн болучу,
анткени буддизмди императрица У колдоп турган эле. Өзүнүн душманынын душманы
болгон кубаттуу буддалык жамаатты колдоого жаңы хандын аракетинин салмактуу негизи
бардай көрүнүп турган. Бирок ал муну иштеген жок, Тон-йокуктун өзү да саясий
ориентациясын өзгөртүп жиберген эле. Кептин баары башкы, чечүүчү күжүрмөн күч
болгон уйгурларда болучу. Алар Империянын чегинен чыга качышты, анткени бүткүл
«кытайчылык» алар үчүн жек көрүмчү нерсеге айланып калган болучу. Буддизм болсо
ошол доордо Тан династиясынын жаңы саясаты менен компромиссте болуп турган дал
кытайлык оппозиция менен байланышта болгон. Ошондуктан түрктөрдүн ханы
буддисттерди колдоо менен өзүнүн таянычы болгон Кытайга каршы маанайда болгон
көчмөндөрдүн арасында кадыр-баркынан ажырап калышы мүмкүн эле. Дал ушундан
Кутлугдун Кытайга каршы программасына кайрадан жан кирип, өнүктүрүлө баштайт. Бул
программа Йоллыг-тегин тарабынан чеберчилик менен иштелип чыккан болучу, ага
ылайык эрксиздик жана кан менен төлөнүп турган кытайлык белек-бечкектер, Тон-
йокуктун сөзү боюнча, түрктөрдүн баатырларын «боорукер жана назик» кылып койгон
эле, анткени алар Будданын жана Лао-цзынын окууларына кызыга башташкан болучу30
.
Ошентип, белгиленген иш-аракеттин программасынын максаты душманды аягына
чейин күрөшүүгө түртпөчүдөй кылып, бирок аны жеңип отуруп, тынчтык келишимин
түзүүгө аргасыз кылуу эле. Түрктөрдүн максаты алгылыктуу, татыктуу тынчтыкка жетишүү
болучу, бирок ага жан кечти согуштардын жолу менен гана жетишүүгө болмок.
Тон-йокук. 717-жылы эле ички согуштардан алсыраган түрктөргө чабуул коюу
империялык өкмөт үчүн баарынан орундуусу болмок. Бирок буга кырдаал-шарт
тоскоолдук кылды. 716-жылы батышта Түргөш дөөлөтү кайрадан жанданып чыкты, анын
жолбашчысы Сулу Империяга өтө душмандык мамиледе эле. Мунун себеби Батыш
жергесинде Ашина ханзаадалары, т.а. батыш түрктөрүнүн мыйзамдуу хандары
империялык башкаруучулар болуп эсептелишкен, ал эми түргөштөр болсо алардан
гегемондукту тартып алууга умтулуп жатышкан эле. Ашина Хянь Кытайдан кошумча күч
сурап, бирок эч нерсе ала алган жок. Өкмөт Сулу менен мамиле түзүүнү чечип, ага башкы
колбашчынын кызматы жана эмирлик титул берилгени жөнүндөгү буйрук жиберет. Бирок
элчилер кербенчилердин жолу менен жайбаракат жүрүп отуруп жетип келгиче, Сулу өзү
үчүн абдан эле оңтойлуу кырдаал түзүлгөнүн али билбегендиктен согуш баштап
жиберет 31 . Кучанын акиминин жардамчысы түргөштөргө каршы күрөшүү үчүн
карлуктарды жалдайт да, Ашина Хянь менен бирдикте Сулуга кол салышат, бирок
метрополия тараптан колдоо болбогон соң ийгиликке жетише алган эмес. Хянь Чанъанга
кетип, ошол жерде каза болот. 717-жылы Сулу Чаньанга тынчтык келишимин түзүү
жөнүндө сунуш менен элчилерин жиберет, ал эми 719-жылы Сулу Чжуншун-хан деген, т.а.
берилген жана тил алчаак хан деген титул алат. Бул титул чыныгы абалга ылайык эмес
титул болучу, бирок арабдардын чабуулу түргөштөрдун колун байлап, аларды Империя
үчүн коопсуз кылып коёт.
Чыгышта башка бир жагымсыз абал пайда болот. Кидандардын жолбашчыларынын
бири Кэтугань Империя дайындаган акимди өлтүрүп салат, бул үчүн аны жазалоого аракет
жасашканда 718-жылы ал кытайлык-татабдык кошуунду талкалайт. Бул чыр-чатак жөнгө
салынганча дагы бир жыл өтүп кетет да, 720-жылга жакын ченде гана империялык армия
Түрк кагандыгына каршы жүрүшкө чыгат.
Ошентсе да, империялык дипломатия ири ийгиликке жетишет, анткени ал түрктөргө
каршы түштүк-батыш Жуңгарияда жашаган басмыл уруусун тартууга жетишет 32
.
Басмылдар Улуу Түрк кагандыгынын чачырап кеткен бир бөлүгү болучу, ал Ашина
тукумунан чыккан бектер тарабынан башкарылып турган33
.
Чаньанда иштелип чыккан план боюнча кидандар, татабдар жана басмылдар ар
башка жол менен, бирок бир убакта Билге-хандын ордосуна келишип, аны кармап алууга
тийиш эле. Авангардды колдоо үчүн 300 миң адамдан турган империялык армия да
жиберилет. Бул пландын ишке ашпай турганы оңой эле көрүнүп турган болучу, анткени
Маньчжурия менен Казакстандагы аскерлердин жүрүшүн жөнгө салуу мүмкүн эмес эле,
анын үстүнө көчмөн бектердин ортосунда гана эмес, империялык колбашчылардын
ортосунда да макулдашуу болгон эмес 34 . Тон-йокук муну эске алып, ханга
тынчсызданбоого, душмандардын келеринен үч күн мурда түндүк тарапка чегинип,
кытайлардын тамак-ашы түгөнүп, өздөрү кайра кайтып кеткенге чейин күтө турууга кеңеш
берет. Бирок иш башкача болуп чыкты: басмылдар түрктөрдүн ордосуна биринчи болуп
келишет да, өз союздаштарынын кечиккенин билишип, кайра артка жөнөп кетишет. Тон-
йокуктун кеңеши боюнча түрктөр аларга тийбей жайына коюшту, т.а. алардын тынымсыз
жол жүргөн аскерлери менен аттары чарчап-чаалыксын деген чечимге келишти, ал эми
өзүлөрү терең-таскак менен жүрүп отурушуп, Бэйтин — Беш-Балыкты карай жөнөшүп, ага
күтпөгөн жерден кол салып, басып алышат. Чарчап-чаалыккан басмылдар чабуул коюунун
таянычы болгон Беш-Балыкка келишкенде, алар тыныгууну жана тамак-ашты эмес,
душмандарды табат. Сепилдин жанында курчоого алынган басмылдар багынып беришет
да, ошентип кампаниянын планы ишке ашпай калат.
Бирок түрктөр муну менен чектелип калышкан жок. Алар өз аскерлерин Жуңгариядан
Ганьсуга, Кытай армиясынын тылына жөнөтүп, Ганьчжоунун, Юаньчжонун чет-жакаларын
жана башка жерлерди талап-тоноп алышат. Лянь- чжоунун коменданты киби35 уруусунун
телелерин чогултуп, аларга өз аскерлерин кошуп, салгылашуу үчүн сепилден тышка чыгат.
Түрктөр да душманын беттеп чабуул коёт. Империялыктардын күчү жаа менен
куралданган кибилерден, түрктөрдүкү — атчан найзачылардан турган. Катуу сууктан улам
кол-кап кийген кытайлар жааны тарта алышпай, колдорун үшүккө алдырышат. Атууга
жарабай калган кытайларды түрк атчандары найза менен сайып, кырып салышат. Бул
жеңиштин даңкы бүткүл Улуу талаа мейкиндиктерине чагылгандай тез тарап, бардык
козголоңчу уруулар түрк ханынын туусундагы бөрүнүн алдына баштарын ийип, багынып
беришет.
Андан соң кидандардын кезеги келет. Түрктөр аларга 721-жылдын кышында күтпөгөн
жерден кол салат. Билге-хандын күмбөзүндөгү жазууда бул жүрүш жөнүндө толук
маалымат жок болгонуна караганда, ал жүрүш түрктөргө көп деле олжо алып келбесе
керек деп ойлоого болот, бирок 722-жылы алар татабдарды басып кирип, аларды өтө
ырайымсыздык менен талкалап, а түгүл колго түшкөн аялдарды да кырып салышкан36
.
Ушундан кийин талаалык союздаштарынан ажыраган Тан империясынын согушту
улантууга мүмкүнчүлүгү жок болуп калган.
Жеңипггин жаңырыктары. Беш-Балыктагы жеңиш Хойто-Тамирдеги чакан жазууда
чагылдырылган37 . «Мечин жылы [720-ж] жетинчи айдын38 жыйырма... 39 Табгачтарга
[империялыктарга] бардык. [Ошол эле] жылдын тогузунчу айында кушуйлук 40 кара
баштарды жанчтым [бастым]; күзүндө аскерлерим менен ... табгачтарга бардым41
.
Жыргал ... ушунчалык көп [түрктөрбү?], согушуп, талкаланбай кала турган болду42».
Калыбы, бул жазуу согушта каза болгон түрктөрдүн анчалык чоң эмес аскер башчысынын
атынан жазылса керек. Патрноттук маанайдагы туугандары маркумга түрк аскер куралына
ийгилик каалаган сөздү айттырышкан.
Анткени менен Беш-Балык операциясына арналган ошол эле эстеликтеги43 башка бир
жазуунун саптарынан таптакыр башкача маанай туюлат.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

«Мечин жылы, токузунчу айда биз жашырын түрдө Беш-Балыкка жөнөдүк. Бактылуу
баатыр кысталышта калды 44 . Аскерлери болсо курчоодо турат. Эрдин бактысы
ачылсын!»45
.
Бул жерде мурдагы жазуудагыга караганда теңирден тескери маанай сезилип турат:
Беш-Балык операциясы кыйрады. Бул текстти шексиз түрдө басмыл жазган, ал сепилдин
ичинен тыныгуу жана тамак-аш тапкысы келген эле, эми минтип буктурмада калып отурат.
Калыбы, ал жүрүштүн башчысы эмес болсо керек, акыркы сөздү аскерлерди, алар менен
кошо автордун өзүн да ийгиликтүү түрдө курчоодон алып чыгарып кетүүнү каалап
колбашчыга кайрылган сөз катарында гана түшүнсө болот. Бирок биз билгендей, бакыт
басмылдардан тескери карап кетти, жазуунун автору да, сыягы, туткунга түшүп калып,
өзүнүн бул текстин ошол жерде ташка чегип калтырса керек. Бул жазуу тарыхый документ
жана маданий эстелик катарында эки тараптуу кызыгууну туудурат.
Бул ыр өлчөмү жана уйкаштыгы бар биринчи түрк ыры экендиги белгилүү.
Силлабикалык өлчөмдөгү ыр: 4 муун, 5 муун, 8 муун46, үч сап строфаны түзөт, бирок
ырдап окулганда экинчи сапта үндүү тыбыш басаңдап турат, ошондуктан муну ритмдик
тынуу жана ички рифма менен сегиз муундуу сап катарында окуса же төрт муундуу сап
катарында окуса болот.
Бул өлчөм татар фольклорунда биздин күнгө чейин сакталып калган, мисалы:
Аттим карга
Тошти карга
Карга тошти ак карга...
47
.
Тыбыштар толук дал келип турат.
Рифмалоонун схемасы: а, а, а, b, b, с. Жазуудагы акыркы сап цезура менен эки сапка
бөлүнгөн. Бул ырдын композициясы менен түшүндүрүлөт. Биринчи сап — кырдаалды
сыпаттоо — тезис; экинчиси анын трагизмин көрсөтөт — антитезис; акыркы сабы — негиз,
бул өзүндө «ошондой болот» деген арбоо элементин камтып турат. Ал элемент ырга
сыйкырлык маани берилгенин көрсөтөт: андан колдоону, жалгоону күтүшкөн.
Рифмаланган арбоо ыры — кыска ыр жанры — алгачкы орто кылымдардын мезгили
үчүн араб поэзиясына гана мүнөздүү48. Биздин материал бул ык түрктөр Орто Азияда
арабдар менен карым-катнашта болгондуктан арабдардан алганын же өз алдынча
чыгармачылык ачылыш экенин аныктоогого мүмкүндүк бербейт, бирок кандай болгон
күндө да VIII к. музалар байыркы түрктөрдүн кийиз чатырларынын мейманы болуп
калганы анык.
Билге-хан. Тышкы душмандар да, ошондой эле ички душмандар да жеңилип,
өлкөдө тынчтык орноду. Бирок бул жазалоо экспедицияларынын натыйжасында эле эмес,
ички саясаттагы бурулуш менен да жетишилди. Жеңишчил түрктөрдүн абалы 716-жылы
анчалык жакшы эмес болучу. Билге-хан мындай деп жазат: «Мен падышалык такка
отурганымда элим бай эмес эле; ал үстүндө кийими жок, астында ашы жок аянычтуу,
басынган эл эле»49. Калыбы, Кеңгу-Тармандан Кадыркан черине (Хинганга) чейинки
талааларда чачыранды жаткан түрк малчыларынын көбү козголоңчулардын колунан
курман болсо керек. Алар өзүлөрү кутулуп, ордого жетип келишкени менен, алардын
бодо малы душмандардын колунда кала берген.
Күл-тегин бийликти басып алганда Капаган-хандын бардык жан-жөкөрлөрү менен
кеңешчилерин, т.а. токуз-огуздарга көбүрөөк жек көрүмчү болуп бүткөн, Капаган-ханды
көтөрүлүштөрдүн чыгышына себеп болгон саясатты жүргүзүүгө тукурган адамдарды
кырып салган. Билге хан эл менен мамиле жасоонун ыгын өзгөрткөнүн жазат: «Мен бизге
кошулган элдерди от жана суу менен кошуп алганым жок», т.а. алар менен жакшы
мамиле түзгөн; ал эми «эли да, кагандары да мага берилген жерлерде мен
жакшылыктарды жараттым. Төрт тарабымдагы элдерди тынчтыкка мажбурладым, алар
мага душман болбой, бардыгы баш ийип беришти50»
Мунун натыйжасы тез эле көрүндү. Көтөрүлушчүлөргө берилген мунапыс
көтөрүлүштүн өртүн өчүрүп, тышкы согуштар үчүн Билге-хандын колун бошотту.
Билге-хан ички түрк проблемаларын да ошондой эле ийгилик менен чечти.
Түрктөрдүн көбү 716-жылдагы төңкөрүштүн учурунда мамлекеттик кеңешчилерди
кырганда айран-таң болушуп, жагымсыз таасирде калышып «олку-солку боло
башташкан» 51 . Тон-йокукту ордо кызматына кайра алып келип, башчыга нааразы
болгондорду тынчытты. Мындан башка да ал мындай деп жазат: «Куруп жок болуп
бараткан элди кайра көтөрүп тургуздум, жылаңач элди кийиндирип, ач элди тоюндуруп,
бай кылдым, аз элди көп эл кылдым»52. Буга ал олжолорду бөлүштүргөндө жоомарттыкты
көрсөтүп, ордого өз ыктыяры менен келгендерди, т.а. кайраттуу эр-азаматтарды кызматка
чакырып алып туруу жолу менен жетишти. Муну менен ал өз каршыларынан тың
адамдарды өзүнө кошуп алып, өзүн жана ордону күч алдырып турган.
Билге-хан тышкы саясатын да чечкиндүүлүк менен өзгөртүп, Империя менен тынчтык
келишимин түзүүгө жетишет. Эң сонун ийгиликтүү жеңиштен кийин дароо эле ал
императорго кайрылып «Теңирдин Уулун уулу атасын сыйлагандай сыйлайм» деп убада
берет. Император макул болот»53. Бул компромисс болучу: мындай урматтоо ханды эч
нерсеге милдеттендирген эмес, ага көптөн күткөн тынчтыкты гана берген. Император бул
компромисске ылайык үстүртөн
болсо да талаанын гегемону катарында калып, кадыр-баркын сактап турган. Бирок ага
түрктөрдөн аманатка адам алышы керек эле, ошондуктан ал өзүн кайтарган сакчылардын
корпусунда кызмат өтөө үчүн түрктөрдүн бир бегин берүүнү талап кылат. Бул Империянын
бардык көчмөн букаралары өтөөгө тийиш болгон аскердик милдеттүүлүктү кабыл
алгандыктан символу болууга тийиш эле.
722-жылы түрктөрдүн сазайын берүүгө акыркы жолу аракет жасалат. Билге-ханга, Күл-
тегинге жана Тон-йокукка Кытайга келип, Тайшань тоосунда император өзү өткөрө турган
курмандык чалуунун салтанаттуу аземине катышууга чакыруу жиберет. Кытайлардын
ханды жана аны менен кошо баргандарды барымтага ала турганы бардыгына, алардын
ичинде чакырылгандарга да бештен белгилүү болучу. Алар өзүлөрүнө көрсөтүлгөн
мындай бийик урмат үчүн ыракмат айтуу менен гана чектелишет. Билге-хан жооп
катарында каныке кызды аялдыкка берүүнү талап кылат. Император буга макул болгон
жок, анткени бул Кагандыкты юридикалык жактан тааныгандыкты, т.а. өзүнүн
алсыздыгын моюнга алгандыкы билдирмек. Акыры хан талапка көнүп, жыл сайын өзүнүн
улам бир төрөсун Чанъанга «кызматка» жөнөтүп турат. Тынчтык жөнүндө келишим
түзүлбөсө да, ал өз ара ыктыярлыкта ишке ашырылып турду.
Акырында, хан территориялык жактан да макулдукка барды. «Туфань Тибет хандыгы)
иттин тукуму, ал эми Кидан менен Хи менин туткундарым жана букараларым» 54
«түргөштөрдүн ханы болсо майда бийлик ээси жана анын үстүнө түрктөрдүн вассалы»55
(бирок Билге-хан түргөштөрдүн ханына өз кызын «чоң салтанат» менен аялдыкка берет,
ал эми түргөш каганынын кызы Билге-хандын уулуна күйөөгө чыгат, ал да «чоң салтанат
менен өтөт») деп менменсинип айтканы менен Билге-хан Жети-Сууну56 өзүнө кайтарып
алууга же Теңир-Тоонун түштүгүндөгү тибеттиктер каардуу өкүм сүрүп турган жерлерден
бирин-экин аймакты өзүнө каратып алууга шашылган эмес. Ал түгүл орто азиялык
хуннулардын тукумдары болгон түрк-шатолор жашап турган түштүк Жуңгария да 714-
жылы Империянын карамагына өткөн бойдон алардын колунда кала берген. Кагандыктан
саяндык кыргыздар да бөлүнүп кеткен, бул алардын элчилеринин Сюаньцзунга (713—715-
жж.) төрт жолу барып келишкенинен көрүнүп турат57. Кыргыздарды жеңгендигинин
жападан жалгыз далили катарында Капаган-хандын бейитине коюлган балбал ташы
калган, анда 710-жылы өлтүрүлгөн кыргыз ханынын келбети түшүрүлгөн.
Билге-хан өзүнүн ийкемдүүлүгүнүн аркасында өз элине жана өз мамлекетине 722-
жылдан58 741-жылга чейин созулган жыйырма жылдык тынчтыкты камсыз кыла алган.
Тынчтык. Тынчтык келишими түзүлбөсө да, иш жүзүндө Билге-хандын ийкемдүү
саясатынын аркасында тынчтык сакталып турду. 727-жылы Тибет кайрадан Империяга
каршы согуш баштап, жалпы душманга каршы согушуу жөнүндө Түрк кагандыгына сунуш
кылды. Билге-хан өзүнүн бейтараптуулугун жана 724-жылы Шофанда, т.а. Ордосто
алмашуу соодасын ачууга уруксат бергенине ыраазылыгын билгизүү үчүн Тибет
грамотасын императорго жиберет. Ордосто алмашуу соодасынын ачылышы империянын
укугунун жана кирешесинин жарымы Кагандыкка өттү дегенди билдирген эле, анткени
Кытайда тышкы соода монополиясы казынага таандык болучу, ал алтын жана жибек үчүн
жылкы алып турган59
Бирок көпкө узабастан империялык өкмөт экономикалык өз ара мамилелерди
кайрадан мурдагы эски нукка салган болучу. 725-жылы хандын ордосуна империялык
элчи Юань Чжэн келет, ал салтанаттуу кабыл алынып, аны менен үч улуу түрк — Билге-хан,
Күл-тегин жана Тон-йокук сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт60. Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну 725-
жылы түзүлгөн келишимден белгилүү болуп турат, ал келишимге ылайык түрктөргө
белгиленген сандагы жылкылар үчүн жыл сайын 100 миң түрмөк жибек берилип турган61
.
Кытай менен Кагандыктын элдери кайрадан соодага катышуудан сүрүлүп калышат, ал
эми эки өкмөттүн ортосундагы мамиле кыйындабай коймок эмес эле, анткени, түрктөр
жылкыларынын баасын, кытайлар жибегинин баасын жогорулатууну каалашкан.
731-жылы Күл-тегин каза болот. Император көңүл айтууну билдирген манифест менен
атайын элчилерди жиберет. Элчиликте чебер усталар бар болучу, алар Орхондун жээгине
эң сонун монумент тургузушат. Статуя коюлуп, храм салынат, анын дубалдарына согуштук
салгылаштардын сүрөттөрү тартылат. Кытай жана түрк тилдериндеги жазуулар сакталып
калган. Ал 1889-жылы Н.М.Ядринцев тарабынан табылат. Аларда Күл-тегинди көргө көмүү
толук сыпатталып жазылган. Бул кызыгарлык маселе эле, анткени ал VIII к. эл аралык
мамилелердин канчалык кеңири кулач жайганын көрсөтүп турган болучу62
.
«Ыйлап, өксүгөндөрүн билдирип Удар-Сенгун баш болуп кытайлар менен татабдар
келишти; табгачтардын каганынан Исьи менен Ликенг (Чжан Күй жана Лю Сян)63 көптөгөн
тартууларды, сан жеткис алтын менен күмүштөрдү алып келишти; күн батыш өлкөлөрүндө
жашаган элдерден: Согдудан, Берчекерден жана Бухарадан Нек-Сенгун менен Огул-
тархан келди. Он ок элинен жана түргөш каганымдын ханы, менин уулумдун атынан мөөр
сактагыч Макра жана мөөр сактагыч Огуз-Билге келди; кыргыздардын ханынан Чур-
Тардуш-Ынанчу келди. Имаратты куруу жана таштарга кооздоп жазуу түшүрүү үчүн
табгачтардын каганынын чиновниктери (П.М. Мелиоранскийдики боюнча таш
сомдоочулар, а мүмкүн художниктер — Л.Г.) жана Чаш-Сенгун.. . келишти. Таш... көптөгөн
таш чекмечилерди тойгундар менен элтеберлер алып келишти [?]».
Бул жерде Кагандыктын эң жакын коңшулары гана аталган, анткени 732-жылы
бардык чек араларда тынчтык орнотулган болучу. Бирок 553-жылы ушуга окшогон өлүк
көмүүдө эскерилген алыскы элдердин: бокли, же мукри (мохэ) элинин, жана Пурум-
Римдин, т.а. Византиянын элчилери бул жолу катышкан эмес64
Экинчи Кагандык анын хандарынын талантына жана бардык күч-аракеттерине
карабастан Биринчинин көлөкөсү гана болгон, 734-жылы Билге-хандын сөөгүн көмүүнү
сыпаттаган эстелик жазууда түрк ак сөөктөрү гана эскерилип, чет элдиктер дегеле
эскерилген эмес65. Мурда эскерилген кээ бир уруулар: абарлар, үч-курыкандар жана отуз-
татарлар да катышкан эмес. Албетте, бул түшүнүктүү болучу, анткени абарлар Иленин
орто бөлүгүндө жашап, Капаган хан тарабынан басылып алынган болучу, ошондуктан алар
өз алдынча эл болбой калган. Якуттардын ата-бабалары болгон үч-курандар түрктөрдөн
бөлүнүп, Сибирь тайгасын көздөй ооп кетишкендиктен өзүлөрүнүн душмандары менен
алака-катышта болууга муктаж эмес болучу. Амур бойлорунда корголоп жүрүшкөн отуз-
татарлар да, сыягы, ушинтишкен болуу керек. Анткени менен жаңы, табышмактуу
берчекер66 деген эл пайда болду, кызык нерсе, түргөштөрдүн ханы «уулум» деп аталган,
бул көз карандылыктын кандайдыр бир түрү болсо керек деп болжолдосо болчудай.
Бирок бул бар болгону түргөштөргө үстөмдүк кылууга талапкерленүү гана болгон, анткени
түргөштөрдүн кагандыгы Түрк кагандыгына көз каранды эмес болучу.
Мына ушулардын баары түрктөрдүн талаа мейкининде тынч жашоону камсыз кылууга
умтулушканын жана ага жетишкенин көрсөтүп турат, анткени VIII к. алар варвардык
ордонун ордуна мамлекетти түзө башташкан.
Түштүктөгү уйгурлар. Түштүккө көчүп барышкан уйгурлар кытайлар менен
ынтымакта жашай алышкан жок. Уйгурлар үчүн башкаруу жолу канчалык жагымдуу
болгону менен, ал жол кытай чиновниктери тарабынан кетирилип жаткан ээн
баштыктарды жана интригаларды жок кыла алган жок. Уйгурлар, албетте, каршылык
көрсөтүшүп, натыйжада жеке өчөшүүлөр пайда болуп турду.
Ван Гюнь-чо деген бирөө уйгурлардын башчысы Чэн-ңзун менен чатакташып калат.
Ошондон көп узабай ал Хэсинин башкаруучусу болуп дайындалат да, формалдуу түрдө
мыйзамдын негизинде уйгурларды кысымга ала баштайт. Уйгурлар нааразылык билдирип
арыз жөнөтүшөт, башкаруучу болсо борборго Чэн-цзун бөлүнүп кетүүгө умтулуп жатат
деген жалган кабар билдирет. Айлакер чиновник тарабынан ойлонуп табылган жалган сөз
карапайым көчмөндөрдүн сөзүнөн ынанымдуу болуп чыгат, натыйжада Чэн-цзунду
сүргүнгө айдап жиберишет, бул уйгурлардын каарын кайнатат.
Ошол маалда Тибет менен согуш чыгат, башкаруучу Ван Гюнь-чо жортуулга жөнөйт.
Сүргүнгө айдалган жолбашчынын уулу Хошу өч алуу үчүн элин чогултуп, буктурмадан
башкаруучуну өлтүрүп салат. Көтөрүлүш чыгарган уйгурлар Кытайдан Кучага кетчү кербен
жолун бууп салышат67
.
Муну бул жерде толук баяндаганыбыздын себеби Тан империясынын мамлекеттик
системасынын кедергиси кетип, бузулгандыгы жөнүндө түнгүнүк берүү болду. Кытайлар
менен көчмөндөр эч кандай жалпы тил табыша алышкан жок; а түгүл бири-бирине зарыл
муктаж болуп турушканына карабастан, алар ынтымакка келе алышпады, анткени бул эки
эл психологиялык жактан өз ара жат эл болучу. Кагылышуулар стихиялуу түрдө (кокустан)
чыгып турду да, акыр түбү келип Тан империясын кулатты. Хошу өз эли менен түндүккө
чегинип, кайрадан түрктөргө баш ийип туруп, көпкө узабай каза табат. Анын ордун Гули
Пэйло басат.
Жогоруда баяндалган окуянын уйгурлар үчүн чоң мааниси болгон. Буга чейин
алардын токуз уруудан турган бирлиги өтө туруксуз болучу. Түштүк тарапка төрт уруу:
хойху (т.а. уйгурлардын өзүлөрү), киби, сыгйе жана хунь уруулары ооп кетишти. Кийин
аларга тунло (тоңра) жана байса уруулары кошулат. Бирок жарым кылымдан кийин
Алашан жана Нанынан тоолорунун жака-белдеринен Халхага бир бүтүн эл — уйгурлар
көчүп келишет. Жалпы бирдей тагдыр, тынымсыз согуштар, чет жерликтерге каршы
туруштук берүүнүн жана өздөрүнө кымбат болгон каада-салтын, динин жана маданиятын
жат таасирлерден сактоонун зарылчылыгы уруулардын арасындагы өз ара үстөмдүк
кылууга умтулган маанайларды жоюп, аларды бир эл кылып курап, баш коштурду.
Бирок, жеринде кытайлар менен тибеттиктердин маданиятына жат эл болгон
уйгурлар тили тектеш түрктөрдөн айырмаланып турган. Бул эки элдин пайда болушу
жөнүндөгү уламыштар окшоштугуна карабастан ар түрдүү айтылат. Түрктөр өздөрүнүн
түпкү тегин ханзаада менен бөрү канчыктан, уйгурлар болсо — бөрү менен ханышадан
алып келип чыгарышат. Ажырымдыктар майда-чүйдө болгону менен психологиялык
жактан айырма кыйла эле сезилерлик.
Кийинчерээк биз түрктөр менен уйгурлардын маданияты ар башка багытта өнүгүп, ар
түрдүү түскө ээ болгонун көрөбүз. Мисалы, түрктөр көтөрүлүштүн учурунда, «өз эмгеги
менен күчүн» жат каганга алдырбоону башкы ураан кылып алышкан. Уйгурлар болсо
өздөрүнүн жолбашчысына кытайлар тарабынан көрсөтүлгөн зордук-кемсинтүү үчүн өч
алуу максатында көтөрүлүш чыгарышкан. Бул жерде да ажырымдык аз, бирок ар бир
элдин өзүнө мүнөздүү болгон көрүнүш бар. Ырасында, бүткүл этнопсихология бир
караганда байкалбаган ажырымдыктардан куралып, калыптанып отурат, биз болсок
аларды сүрүп таштайбыз да, тарыхый фактыларды өзүбүзгө белгилүү схеманын калыбына
салабыз.
Хандын өлүмү. Кидандар да уйгурларга окшоп иш кылышты. Алардын
жолбашчысы Кэтуген кытай акнмн Шаогу бекти өлтүрүп салып, анына ордуна Күйлэ
дегенди коюп, татабдар менен бирге 730-жылы түрктөргө кошулат68. Кэтугенге каршы
сегиз корпустан турган армия жиберилет. Татабдар баш ийип беришет, ал эми кежир
кидандар 732-жылы талкаланат. Бирок 10 миң татабдан түзүлгөн кошумча аскерлерден
турган империялык корпус душманга бет алып чыгат, бирок Туңкер тоосунун жанындагы
салгылаштын жүрүшүндө татабдар согуштан баш тартып, чегинип кетишкендиктен,
империялык аскерлер талкаланып калат. Жаңыдан дайындалган генерал Шеугуй
Кэтугендин69 катчысын, атына караганда кытай адам Ли Го-сини парага сатып алат. Ли
Госи түн ичинде «Кэтугендин, Күйлэнин жана бир нече ондогон жан-жөкөрлөрүнүн башын
кесип салып, кайтып келет»70. Көрсөткөн кызматы үчүн Ли Го-си Сунмонун (Сун-гария
провинциясы) акими болуп дайындалат, бирок өлтүрүлгөн Кэтугендин жанжөкөрлөрү
чыккынчыны кармап алышып, үй-бүлөсү менен кошо кескилеп өлтүрүп салышат.
Көтөрүлүш улана берет, империялык колбашчы Шеугуй 734-жылы кидандарга эки жолу
жортуулга барып, аларды талкалайт... , ошентсе да, көтөрүлүштү баса алган эмес. Бирок
генералдын колдонгон ыгы Чанъандагыларга жагып калат да, ошол эле 734-жылы
Кытайда элчи болуп жүргөн, 727-жылы Сюаньцзун тарабынан жеке жолугушууда71 өтө көп
тартууларды алган түрктөрдүн бул төрөсү Билге-ханды уу берип өлтүрөт. Хан өлүм
алдында чыккынчыны жана анын тукумун жок кылууга буйрук берет. Император,
кылмышынын изин жаап-жашыруу үчүн көңүл айтып, элчи жиберет.
Бирок согуш чыккан жок. Билге-хандын мурасчысы, анын уулу Йоллыг-тегин
кагандыктын төрөлөрүнүн толук макулдугу менен такка отурат. Ал жазуучу жана тарыхчы,
орхондук эки жазуунун автору болгон. Атасынын саясатын улантып, ал курчуп кеткен
абалдан чыгуунун жолун издеп, Кытайга үч элчи жиберет. Бирок ошону менен бирге ал,
сыягы, кидандарды да колдоону уланта берсе керек, анткени Маньчжуриядагы
партизандык согуш токтогон эмес болучу.
Батышта 30-жылдары бүт бойдон түргөштөрдүн ханы Сулу өкүм жүргүзүп турган. Ал
өзүнүн бардык күчүн басып кирип келаткан арабдарга каршы жумшайт, ушундан улам
арабдар аны Муззахим, т.а. «сүзөнөк» деп аташкан.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Империя Тибетке каршы согуш жана армияны кайра куруу менен алек болуп жаткан
эле, ошондуктан ал да кырдаалдын курчушун каалаган эмес болучу. Йоллыг 739-жылы өз
ажалынан өлүп, такты анын иниси Билге Кутлуг ханга өтөт. Империя анын хан болушун
жана Теңри хан деген жаңы титулун тааныйт. 740-жылы хан Кытайга жооп иретинде
элчилерин жиберет. Дүйнө катастрофанын алдында турат деп кимдин оюна келиптир?

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КӨК ТҮРКТӨР ӨЗДӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
Күл-тегиндин эстелиги. Күл-тегиндин өрттөлгөн сөөгүнүн күлү император
Сюаньцзун тарабынан жиберилген кытай уста тургузган эң сонун эстеликтин ичине
жашырылды. Бул күмбөздүн урандылары, жогоруда айтылгандай, 1889-жылы Н.М.
Ядринцев тарабынан ачылып1
, 1891-жылы В.В. Радлов тарабынан изилденген2
, көп жолу
ар түрдүү саякатчылар келип-кетишкен, акырында, чех археологу Йисл тарабынан толук
жазылып чыккан, ал муну 1958-жылы3
Чехословакия менен Моңгол Эл Республикасынын
Биргелешкен археологиялык экспедициясы эстеликти изилдешкенде ишке ашырган.
1958-жылкы экспедиция эстеликтин планын 4
түзүп, анын болжолдуу
реконструкциясын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген сыпаттамасын жазып чыккан.
Аянты 80x40 т келген курулуш чыгыштан батышка созулуп жатат. Ал дарбазанын
түбүнө чейин келип жеткен аң жана топурак дубал менен курчалган, дубалдын үстү
черепица менен жабылып, шыбалып, акталган. Дарбазанын оозунда мрамордон жасалып
маңдайлаштыра коюлган эки кочкордун бедизи бар. Андан ары таш төшөлгөн жол жана
жамгырдын суусу топтоло турган жасалма көлмө бар, көлмөгө ашык сууну агызып кете
турган карапа түтүк орнотулган. Анын ары жагында мрамор ташбаканын
(түбөлүктүүлүктүн кытайлык символу) үстүнө жазуусу бар айтылуу таш мамы орнотулган.
Археологдун пикири боюнча таш мамы үстү черепица менен жабылган павильонго
коюлган; павильондун дубалдары шыбалып, акталган. Павильондон храмга карай жол
кетет; жолдун эки тарабында төрөлөр менен малайлардын киши боюндай статуялары
коюлган, алар ардактуу сакчыларды түзүп тургансыйт. Храмдын планы квадрат түрүндө,
10,25x10,25 т. Анын ак дубалдары кызыл саймалуу көчөттөр менен кооздолгон; чатыры
черепица менен жабылып, четтери седеп менен жээктелген; дубалдарда ажыдаарлардын
терракоталык бет каптары (маскалар) бар. Храмдын ичинде очогу бар курмандык чалынчу
жай орнотулуп, Күл-тегиндин жана анын аялынын мрамор статуялары коюлган.
Күл-тегиндин статуясынын башын табууга мүмкүн болду. Ал толук чындыкка ылайык
жасалган: түспөлү монголоид — бетинин чүкөсү чоң, моңгол кабак, мурду жапысынан
келип кырдач, ал эми көздөрүнүн кыйыгы Ашина тукумунун расалык теги жөнүндө эч
кандай шек туудурбайт. Башына беш ачалуу таажы кийгизилип, ага бүркүткө окшогон
куштун сүрөтү түшүрүлгөн. Күл-тегиндин өң бейнеси мелтиреген бейпилдикке батып
турат, калыбы, художник аны өлгөндөн кийин көрсө керек.
Күл-тегиндин аялынын башынан фрагмент гана сакталып калган, анын бет ажары да
ачык эле монголоид түспөлүндө. Айрыкча анын бекем кымтылып турган эриндери бул
аялды эрки күчтүү, чечкиндүү аял катарында мүнөздөйт.
Эстеликке карай цайдамдык туздуу көлдөрдөн тартып 3 км. аралыкта балбалдардын
тизмеги созулуп жатат. Биздин күндөргө чейин 169 балбал сакталып калган, бирок,
калыбы алардын саны мындан да көбүрөөк болсо керек. Кээ бир балбалдар адамга
окшоштурулуп сомдолгон, колдун, кемердин сүрөтү чегилип түшүрүлгөн. Анды жээктете
чыгышты карай балбалдардын экинчи тизмеги кетет, бул болсо Йислге алар дубалды
айланта турушса керек деп болжолдоого себеп болгон5
. Биздин оюбузча, бул мурда ушул
жайга көмүлгөн башка бир маркумга тийиштүү балбалдар болушу ыктымал.
Орхон тексттери, алардын жазылышы жана жарыяланышы. Биздин
карамагыбызда эки эстелик бар: анын бири Күл-тегиндин мүрзөсүнүн үстүндөгү кыска
жана көлөмдүү келген эки эстелик жазуусу бар таш мамы, экинчиси Селеңганын
боюндагы Тон-йокуктун эстелик жазуусу. Күл-тегин менен Билге-ханга арналган кытайча
эпитафиялар параллел текстер болуп саналат, булар да ошол эле Орхондун жээгинде
түбөлүк сакталып калган6
. Экинчи эстелик жазуу фрагменттер түрүндө гана сакталып
калган, бирок биринчи эстелик жазуу өзүнүн толуктугу боюнча кыйла кызыгууну туудурат.
Аныкталууга тийиш болгон биринчи маселе — эстеликтердин датасы. Күл-тегиндин
көлөмдүү эстелик жазуусунда эстеликтин курулганынын так датасы коюлган: «мечин
жылы (732), жетинчи ай, жыйырма жетинчи күн»7
. Ошол эле датаны кытайча эпитафия да
келтирет8
. Кытайча текст, анын мазмунунан белгилүү болуп тургандай, өлүк көмүлүп,
күмбөз курулган учурдун өзүндө жазылган. Бирок бул түркчө текст жазылып же
жарыяланган учур эмес, анткени жазууда тарыхый баяндоолор 716-жылга чейин гана
жеткирилип, эң кызык жерине келгенде үзүлүп калган. Күл-тегин жасаган төңкөрүш жана
анын аталаш туугандарынын өлтүрүлүшү эскерилген эмес, калыбы, бул кокустан болбосо
керек. Ошондой болсо да, эстелик жазуунун тексти 719-жылдан кеч эмес мезгилде
жазылган, анткени 720-жылдагы улуу жеңиштер жөнүндө эстеликте эч нерсе жазылган
эмес, а түгүл басмылдардын аты да эскерилбейт. Демек, биз, 732-жылы ташка чектелген
текст 716-жана 720-жылдардын орто чендеринде, аныгы 717—718-жылдарда жазылса
керек деген жыйынтык чыгара алабыз. Ошол мезгилде кызыл кыргындардан кийин
мамлекетти кайра калыбына келтирип жатып, Билге-хан кеңири коомчулукка кайрылат.
Эстелик жазуунун башындагы тарыхый экскурс жана бектер менен элдерди ынтымакка
чакырып, акыл-насаат айтуу — чакан жана көлөмдүү эстелик жазуулардын бүткүл
программалык мүнөзү ушуну менен түшүндүрүлөт; Күл-тегин өлгөнгө чейин, т.а. 14
жылдын ичинде текстке Күл-тегинге арналган эпитафия гана кошумчаланган. Калыбы,
тексттин өзү өзгөртүүгө болбой турган адабий чыгарма катарында каралса керек. Мына
ушунун негизинде биз Билге-хандын элге кайрылуусу ага жакшы натыйжаларды берген,
анткени ал кайрылуу элге кеңири белгилүү болуп калган болучу — тескерисинче болгондо
текст ташка чегилип жатканда сөзсүз түрдө өзгөртүлмөк, т.а. ага кошумчалар киргизилмек
деген ойго келдик.
Бирок бир да тарыхчы өзүнүн чыгармасын факты түрүндөгү материалдар менен
толуктоого болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланбай коё албас эле. Йоллыг-тегин да ушундай
учурду пайдаланган. Билге-ханга арналган эпитафияда ал Күл-тегинге арналган эстелик
жазууда киргизбеген салгылаштар жана жүрүштөр жөнүндөгү бардык маалыматтарды
киргизген. Мында ал 700-жылдагы Тангут жүрүшү жөнүндө, 709-жылы чиктердин
багындырылышы жөнүндө, 714-жылы Беш-Балыктын сепилинин түбүнөн талкаланбаган
түрк аскерлеринин чегингени жөнүндө, 715-жылы Агунун жанында токуз-татарлар менен
болгон салгылаш жөнүндө, 716-жылдын акыры ченде уйгурлардын багындырышышы
жөнүндө, 717-жылы татабдар менен карлуктарды жеңгени жөнүндө, 720-жылы
Лянчжоунун жанында империялык аскерлердин талкаланышы жана андан кийинки 721—
722-жана 733-жылдарда кидандар менен татабдарга каршы жасалган жүрүштөр жөнүндө
эскерет. 716-жылдагы төңкөрүш жана кыргын жөнүндөгү эскерүү өзгөчө кызык, ал
жымсалданып, каймана түрдө жазылган. Бул жер көбүрөөк маанилүү жер, анткени бүткүл
эпитафия дал ушундан башталат9
. Анткени менен, Күл-тегиндин жазуусунда жандуу жана
кеңири баяндалган окуялар мында эскилерди кайталап отуруу кызык болбогондуктан,
кыскартылып, олуп-чолуп берилген. Баяндоо хандын өмүрүнүн акырына, ал каза болгон
734-жылга чейин жана андан ары улантылат, анткени анын «доңуз жылынын бешинчи
айынын жыйырма жетинчи күнүндө» көмүлгөнү сыпатталып жазылган (755-жылдын
жайы). Жазуунун тексти ошол учурда «бир ай, төрт күндө» жазылып бүткөн10. Бул жерде
Йоллыг-тегинде тажрыйба болгондуктан ал өзүн өзү туурап жазган, жазуучуларда
мындай нерселер көп учурайт. Ошентип, биз Билге-хандын эпитафиясын Күл-тегиндин
жазуусунун уландысы жана кошумчасы катарында карай алабыз11
Күл-тегиндин эстелик жазуусу таандык болгон ошол эле мезгилге Тон-йокуктун
эстелик жазуусу да таандык. Ал 716-жылдан кийин түзүлгөн, анткени ал «Билге кагандын
элине12 кайрылат жана ал 720-жылга чейинки мезгилде жазылышы мүмкүн, анткени
акылман Тон-йокуктун басмылдарга каршы күрөштөгү сиңирген эмгеги жөнүндө эч нерсе
айтылбайт. Ал гана эмес, жазуу Тон-йокук хандын касабына калып, сүрүлүп жана элге
кайрылуу менен өзүнүн сиңирген эмгегин таанууга жана аны сарайга алып келүүгө
мажбурлоого аракет жасап жаткан мезгилде жазылган. Буга ал Сулу Кытайдан хан деген
титул алганда гана жетишкен13. Демек, эстелик жазуунун тексти 717— 718-жылдарда
жазылган болуп чыгат, биз мында бир эле темага арналган талаш-тартышуу эки эстелик
жазуунун сакталып калышынын өтө сейрек учурун жолуктуруп отурабыз.
Үчүнчү документ — «Онгин ташы» — ажыдаар жылы14, т.а. 716- же 728-жылы15
орнотулган. Андагы окуя Билге-хан такка отурганга, т.а. 716-жылга чейин жазылган болсо
да, биринчи дата чындыкка дал келбейт. Бирок 716-жылы түзүлгөн текст аска ташка 12
жыл өткөндөн кийин чегилип жазылган16. Бул эстелик жазуу өтө бузулгандыктан аны
окууну жана илимге колдонууну кыйындатты, бирок тексттин колдо болгон
реконструкциясы аны ошол эле жанрдагы үчүнчү чыгарма катарында Күл-тегин менен
Тон-йокуктун эстелик жазууларына таандык кылууга мүмкүндүк берет. Ал текст 719-жылы
(кой жылында) каза болгон Алп Элетмишти мактоону камтып турат. Жазууда маркумдун
уулдарына жана инилерине кайрылып, 716-жылдагы төңкөрүштө өзү жан дилинен кызмат
кылган Билге-ханга берилгендикти сактоо жөнүндө керез айтылат17. Өзүнүн багыты
боюнча бул документ Күл-тегиндин жазуусуна жакындашат18
.
Жанр. Үч эстелик жазуу тең түрк коомунун кеңири коомчулугуна багытталган
кайрылуу болуп саналат. Болгондо да бул кайрылуулардын максаты эч жаап-жашырбай
ачык айтылган: максат элди ынандыруу. Демек, жазуулар — үгүт-насаат маанисиндеги
жазуулар болгон жана тарыхый материалдар да атайылап тандалып алынган. Ошондуктан
«Таншуда» окуялардын жүрүшү параллел түрдө баяндалганы биз учун өзгөчө баалуу
болуп саналат. Текшере келгенде окуялар кыйла эле туура, бирок толук эмес баяндалган
болуп чыкты. Бул түшүнүктүү эле, анткени үгүт-насааттык документте калыстыктын
орунсуз болмогу мындай турсун, ага карама-каршы да келмек. Ушундай жанрдын бар
болуп чыкканы түрктөрдө сөздүн күчү реалдуу күч катарында бааланганына ынандырат.
Демек, түрк коому өнүккөн коом болуп, анда коомдук пикир өкүм сүргөн.
Композиция. Эстелик жазуулардын композициясын иликтеп үйрөнүү кызыктуу
корутундуларды чыгарууга мүмкүндүк берет. Жогоруда Йоллыг-тегин менен Тон-йокуктун
жазуулары полемикалык документ деп көрсөтүлгөн эле. Булардын композицияларын
салыштырып көргөндө ошондой экенинен эч шек калтырбайт19
.
Бул жагдайдан Алп Элетмиштин эстелик жазуусу кызыктуу. Ал «чоңдорго жагуу үчүн»
болгон күчү менен умтулат. Адегенде жазуу тарыхты расмий түшүндүрүүдөн башталат;
андан кийин ал өзүнүн кызматчы туугандары жөнүндө айтат; андан соң ал Капаган каганга
да, Элтерис-ханга да өзүнүн берилгенин, ал эми Билге-ханга андан да көбүрөөк
берилерин баса белгилейт. Ал балдарын да ушундай принципте тарбиялайт. Кыскасын
айтканда, ал окурманды өзүнүн толук лоялдуу адам экенине ишендирүүгө аракеттенет,
бул, албетте, ага, сыягы, абдан керек болсо керек, анткени Кадаздагы салгылаштан кийин
Күл-тегинден кол башчылыкты башка бирөө эмес, дал Алп Элетмиштин өзү өткөрүп
албады беле. Бул Мочурдун аман калган тарапкерлеринин бири болучу.
Йоллыг-тегин Билге Тон-йокук Алп Элетмиш
1. Авторокурмаңдарга
ханды жана анын
жанжөкөрлөрүн
тааныштырат (§1—2).
2. Элтерис жана
Капаган-хандардын
согуштары кыскача саналып
өтөт (§3-4).
3. Кытай маданиятын
сынга алат (§ 5—6).
4. Элдин жүрүш-
турушуна сын берет (§ 6—
9.)
5. Хандын эл алдында
сиңирген эмгегин айтат (§
10): «Мен каган болуп,
кедей элди бай кылдым, аз
элди көп эл кылдым. Же
1. Автор өзү жөнүндө билдирет:
«Мен, акылман Тон-йокук...» ж.б.
(§1).
2. Биринчи кагандыктын
тарыхына токтолот (§1-3).
3. Кутлугдун талантын сынга
алат (§ 4—7).
4. Көп эмес сандагы элге
таянганын билдирет (§ 6).
5. Тон-йокук өзү колбашчылык
кылган жүрүштөр саналып өтөт:
«мен аскерлердин колбашчысы
болдум; мен түн уйкудан кечип,
күндүзү тынч албай, өзүмдүн кызыл
канымды, кара теримди төгүп,
элиме кызмат кылып, күчүмдү
бердим жана узак согуштук
жортуулдарды өзүм баштап
1. Автор өзүнүн
толук генеалогиясын
берет (§3-4).
2. Тарыхка экскурс
жасалат (§1—3).
3. Берилгендик
жөнүндө ант: «Мен
Капаган менен
Элтеристин эли үчүн
тарбияланып өскөнмүн»
(§ 3—4.)
4. Элдин жүрүш-
турушун кескин айыптайт
(§ 6— 9).
5. Атасынын (§ 5—6)
жана өзүнүн (§ 10) өз
падышасына чын
көңүлдөн берилгенин
мен жалган айттымбы?»
6. Жазуунун максаты:
«Түрк бектери менен эли
билип койгула...», андан
кийин автордун кол
тамгасы: «Бул жазууну
жазган анын небереси
Йоллыг-тегин» (§ 13).
жүрдүм» (§ 52).
6. Автордун кол тамгасы,
жазуунун максаты: «Мен, акылман
Тон-йокук түрк эли үчүн эстелик
жазууга Билге-каганга буйрук
бердим. Элтерис-каган менен
акылман Тон-йокуктун аракетинен
улам Капаган-каган жана көк түрк
эли жашап турат» (§61).
билдирет.
6. Жазуунун
максаты: Билге-ханга
берилгендикти сактоо
жөнүндө балдарга керез
(§ 3) жана өлгөн атасына
уулунун кайрылуусу (§4).
Ошентип, биз, бир эле материалды диаметрдүү карама-каршылыкта түшүндүрүүдөгү
композициялык параллелизмди көрүп отурабыз. Йоллыг-тегин ханды даңазалайт; Тон-
йокук болсо хан акылсыз болгон, «малдын семизи менен арыгын айрып биле алган эмес»
деп түз эле айтат20. Йоллыг-тегин кытай маданиятын жамандайт. Тон-йокук мен кытай
маданиятында тарбияландым, анын мага зыяны тийген жок деп билдирет. Йоллыг-тегин
чыккынчылык кылганга маш деп бектерди жемелейт, Тон-йокук каршы чыгат: «Мен
өзүмдүн түрк элиме каршы куралдуу душманды жабергеним жок, душмандын жарак-
жабдыктуу атчан аскерлерин алып келгеним жок»21
.
Мисалдарды келтире берсе көп, бирок ушул эле жетиштүү болор22. Йоллыг тегин
менен Тон-йокуктун эстелик жазууларын өз ара байланышта гана изилдеп үйрөнүү керек,
анткени алар ордонун23 ичиндеги эки партиянын (жааттын): бийликтин касабына калган
ханзаадалар менен иши ийгиликтүү жүрүп турган төрөлөрдүн бири-бирине карата
полемикалык каяшаларын камтып турат.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Тон-йокук Билге-хан менен элдешкенден кийин башкача сүйлөп калат: «Могилян
ордону дубал менен курчап, Будда менен Лао-цзыга храм курмакчы болгон. Тунуйгу
мындай деген: «Түрк эли сан жагынан Кытайдын калкынын жүздөн бирине да тең келе
албайт, бирок ал бул мамлекетке каршы туруштук бере алат, мунун себеби, түрктөр оттуу
жана суусу мол жер издеп, дайыма көчүп-конуп жүрүшөт да, жалаң гана аскердик
машыгуулар менен алек болот. Күчүнө келип турганда аттанып чыгып олжо табат,
алсызында тартынчыктап, башын калкалап отура берет. Тан Үйүнүн аскерлери көп, бирок
аларды пайдалана турган жер жок... Анын үстүнө Будда менен Лао-цзынын окуулары
адамдарды согушчан жана кайраттуу кылбай, боорукер жана назик кылып коёт»24
.
Падыша сарайындагы бул кытмыр төрө өзүнүн өкүмдарынын көңүлүнө жаккан жана
ошол кездеги үстөмдүк кылып турган саясий модага ылайык келген сөздү сүйлөп отурат,
анткени Билге-хандын тушунда байыркы каада-салт үстөмдүк кылып турган болучу. Тон-
йокуктун сарайлык айлакерлиги анын жазуусунан да көрүнүп турат. Анда ал көзү өткөн
хандардын бардык жетишкендиктерин уялбай-этпей эле өзүнө ыйгарып алган, бирок
тирүү хан жөнүндө мындай дейт: «Билге-хан көк түрк эли менен огуз элин көтөрүп
жатат»25
.
Күл-тегиндин көлөмдүү эстелик жазуусу эки тематикалык баянды: түрктөрдүн 550-
жылдан 718-жылга чейинки тарыхын жана Күл-тегинге арналган некрологду камтыйт.
Баян Билге-хандын өзү тарабынан айтылат, бирок аны Йоллыг-тегин жазган болуу керек.
Идеология жагынан эстелик жазуулардын көлөмдүүсү да, чаканы да бири-бирине окшош.
Биринчи баян дүйнөнүн жаратылышынан башталат да, андан кийин биринчи
(мурдагы) хандардын сиңирген эмгектери жана Биринчи кагандыктын кыйрашы жөнүндө
сөз болот. Түрктөрдүн Тан империясына баш ийишинин тарыхы өтө кыска, бирок ачык-
айкын баяндалат да, Фуняндын көтөрүлүшү жөнүндө бир гана сап менен эскерилет.
Андан кийин түрктөрдү куткарган Элтерис-хан чыгат; ал жөнүндө автор мактоо сөздөрүн
аябайт. Капаган хандын согуштары өтө кыска берилген, андан ары «каганга пастык
мамиле жасаган», ошонун кесепетинен «учуп кеткен», т.а. өлгөн хан үчүн элге насаат
айтылат. Текст Билге-хандын өзүнүн сиңирген эмгектерин жазуу менен аяктайт (ички
реформалар жөнүндө көбүрөөк, согуштук иш-аракеттер жөнүндө азыраак сөз болот).
Бирок мында да 720-жылдагы согуш жана басмылдар жөнүндө бир ооз сөз жок,
ошондуктан текст 720-жылдан мурда жазылса керек деп эсептесе болот, бирок
душмандардын ичинде кидандар менен татабдар эскерилгендиктен, көлөмдүү (чоң)
жазуу 718—719-жылдарда, т.а. чакан эстелик жазуудан жана Тон-йокуктун эстелик
жазуусунан бир жыл кийин жазылган деп ойлосо болчудай.
Күл-тегиндин эстелик жазуусу бул бөлүгүндө композициялык жана идеологиялык
жагынан Йоллыг-тегиндин эстелик жазуусун кайталайт. Ошондуктан биринчи жолу чакан
эстелик жазуу жазылып, ага Тон-йокук жооп кайтарган, ал эми буга жооп катарында чоң
эстелик жазуунун тексти жазылса керек деген ой пайда болот. Бирок бул жоромол гана.
Экинчи бөлүгү — Күл-тегинге арналган некролог. Күл-тегиндин курагы атасы Кутлуг
өлгөн ченде котормочу тарабынан болжол менен 7 жаш деп берилген, бирок бул туура
эмес, анткени 693-жылы Күл-тегин 9 жашта болучу, а мүмкүн онго чыгып калгандыр26
.
Андан ары 700-жылдан 716-жылга чейинки жүрүштөр толук сыпатталып жазылат. Күл-
тегин өлтүргөн душмандардын саны жана өзүнүн мингич аттарынын аты берилген.
Калыбы, тексттин бул бөлүгү 716-жылы Күл-тегин уюштурган кыргындан кийин аны
актоонун аракети катарында 717-жылы кошумчаланса керек. Ошондуктан анын тышкы
душмандарга каршы согуштардагы эрдиктери өтө кылдаттык менен жазылган. Бул текстке
«куйрук улаштырылып», Кул-тегинди жоктоо жана анын сөөгүн көмүү сүрөттөлгөн. Күл-
тегиндин 716-жылдагы акыркы жолку эрдиги менен анын 731-жылы каза болгонунун
ортосунда эч кандай логикалык байланыш жок, анткени менен негизсиз эле он беш жылга
созулган хронологиялык үзгүлтүк бар. Муну төмөнкүчө гана түшүндүрүүгө болот: даяр
адабий чыгарма — анын тирүү кезиндеги даңазалоолор кийин эпитафия катарында
ылайыкташтырылган. Бул үчүн жазуунун аягына өзгөртүү киргизилген. Жазуу Күл-
тегиндин өлгөн күнүнүн датасы жана аны көмүү аземин сыпаттап жазуу менен аяктайт.
Үгүт-насааттык чакырыктардын тексттери кийинки укум-тукумдарга сабак катарында
түбөлүккө калтырылган. Ошентип, полемика дидактикага айланган.
Жазуулар тарыхый булак катарында. Эми биз үчүн көбүрөөк маанилүү
болгон эстелик жазууларда камтылып турган нерселерге ишенүүгө болобу, эгерде
ишенүүгө болсо, анда канчалык даражада ишенүүгө болот деген маселеге өтөбүз. Биз
жогоруда көргөндөй, эстелик жазуулар өз алынарына акыйкатты аныктоону эмес, өз
максаттарына жетүүнү көздөгөн милдеттерди койгон калыс эмес адамдар тарабынан
түзүлгөн. Ошондуктан Йоллыг-тегин менен Тон-йокуктун берген бааларын адилеттүү деп
айтууга болбойт. Окуялардын жүрүшү да толук баяндалган эмес: «Таншуда» баяндалган
бир катар фактылар жазууларда эскерилбейт. Бирок, ошондой болсо да, эстелик жазуулар
VIII к. түрктөрдүн маданиятын бизге сүрөттөп бере турган көптөгөн маалыматтарды
камтып турат. Алардын дини, тарыхый жана географиялык билим-таанымдары, алардын
идеалдары, көркөм табити жана акырында, согуштук тактикасы менен уюмдашуу
системасы жөнүндөгү көптөгөн маалыматтар эстелик жазууларда кытайлык булактардан
алда канча кеңири чагылдырылган. Анткени жазууларды түзгөндө бул предметтер
жалпыга белгилүү жана дискутабелдүү эмес болгондуктан, алар жөнүндө ара-чолодо
эскерилет да, муну менен атайылап тескери маалымат берүү жокко чыгарылат. Бул жери
ишенимдүү, ошондой эле ушул эстелик жазуулардын негизинде түрктөрдүн
маданиятынын жана идеологиясынын очеркин берсе болот.
Кагандыктын саясий жана стратегиялык проблемалары жогору жакта талданып
чыккан болучу, мында түзөтүүчү булак катарында «Таншу» пайдаланылды. Ошондуктан
биз аларга токтолбостон, көңүлүбүздү түрктөрдүн буга чейин биздин көңүлүбүздүн
сыртында калып келген руханий турмуш багыттарына жана байыркы түрк маданиятынын
оригиналдуулугуна топтоштурабыз.
Согуш. Экинчи Түрк кагандыгы аскердик мамлекет болгон, ошондуктан Күл-тегиндин
эстелик жазуусунда согуш бир кыйла жакшы сүрөттөлөт.
Согуш тактикасындай эле, түрк баатырынын бейнеси «Роланд жөнүндө баяндагы»
рыцардын өзүн элестетет. Салгылаш оор куралданган атчан аскерлердин чабуулу аркылуу
чечилген. Атчандар лава түрүндө, катарларын ачык кылып жайылып чабуулга өтүшкөн,
атчандардын ортосундагы аралык бир кыйла кеңири болгондуктан ар бир жоокер өзү
менен өзү болуп, душманга жеке бет
алып чыккан. Демек, салгылаштын ийгиликтүү бүтүшү ар бир жоокердин жеке
даярдыгына байланыштуу болмок.
Күл-тегиндин мыкты жоокерлик сапаты менен айырмаланганы жөнүндө жогоруда
айтылган. «Күл-тегин Байыркунун боз айгырына минип, чабуулга кирди да, бир эрди жаа
менен атып, дагы экөөнү найза менен сайып өлтүрдү. Бул согушта ал Байыркунун боз
атынын жамбашы сынып, андан ажырап калды»27. Андан кийин ал Башгунун сур атына минип, түргөштөрдүн катарына атырылып кирет; ак боз аты Шалчы менен эки карлукту
сайып өлтүрөт. Изгилдер менен салгылашканда Шалчысынан ажырап калып, ак боз
Азманга минип, алты огузду сайып өлтүрүп, жетинчисин кылыч менен бөлө чаап салды.
716-жылы ордону коргоп жатып, Огсиз деген боз ат менен токуз адамды сайып өлтүрүп,
ордону берген жок»28
.
Ошентип, жекеме-жекеге чыгуу салгылаштын негизги бөлүгүн түзгөн. Эгерде
баатырлардын дайыма эле көп боло бербесин эске ала турган болсок, анда мындай
тактика аркылуу душмандын катардагы ондогон жоокерин жок кылгыча, анын бир
баатырын катардан чыгаруу көбүрөөк маанилүү болгон. Баатырлар аскердин алдынкы
сокку уруучу бөлүгүн түзгөндүктөн алардын өлүшү, адатта, баш аламандыкка жана
жеңилишке алып келген.
Бирок согушту жүргүзүүнүн бул жөнөкөй ыгы жоонун артынан айланып келип,
капыстан курчоого алуу ыгын жокко чыгарган эмес (тереңдиги найзанын боюндай болгон
карды жиреп, Эртиштен кечип өткөн укмуштуу жортуулду эске түшүрөлүчү). Күтпөгөн
жерден кол салуу тактикасы түрктөрдүн аскер башчылары тарабынан кеңири
пайдаланылган.
Айрым бир армиялардын, болжолдуу болсо да, санын аныктоого мүмкүнчүлүктүн
жоктугу өтө өкүнүчтүү. Биз кытайлардын ашкере апыртууларына ишенбешибиз керек,
анткени 100 миң адамдан турган армияны талаада багып тургудай эч нерсе жок. Тон-
йокуктун эстелик жазуусунда Ярыш талаасындагы түргөштөрдүн саны жүз миң деп
айтылган. Муну, албетте, сөзмө сөз түшүнүүгө дегеле болбойт. 100 миң дегенибиз бул жер
жайнаган кол, өтө көп кол. Башка бир жерде Тон-йокук 697-жылдагы Өтүкен черинде
түрктөрдүн күчүн өзү билгендей азайтып, 2 миң адам дейт. Бирок ал аскерлердин эки
кошууну жөнүндө сөз болуп жатканын дароо эле эскертип кетет29
.
Согуш учурунда айыгышуу өтө күчтүү болгон, аялдарды да, балдарды да аяшкан эмес.
Аларды кемсинтип кулга айландырып же жөн эле өлтүрүп салышкан30. Өнүгүүнүн эрте
баскычында турушкан элдерде уруулар аралык согуштарда демейде аялдарга кол
тийгизишкен эмес.
Идеология. Кагандыктын расмий идеологиясы эки принципке таянып турган: ал
кытай маданиятын четке кагуу жана коңшу элдерге караганда биз артыкчылыктуу элбиз
деген сезим. Бул эки принцип тең өтө ырааттуулук менен ишке ашырылып жүрүп отуруп,
көк түрктөрдүн дөөлөтүнүн кайрадан жаралышын да, акыры анын кыйрашын да
шарттаган болучу.
Биринчи маселе боюнча Йоллыг-тегиндин да, Тон-йокуктун да көз караштары дал
келет. Йоллыг-тегин мындай деп жазат: «Бизге алтын, күмүш, спирт (же дан) жана
жибекти чексиз берип турган табгач элинин тили ширин, кымбат баалуу дүнүйөлөрү
жумшак болор эле; алар бал тилге салып, кымбат баалуу асем дүнүйөлөрү менен алыскы
элдерди да өзүнө өтө жакындатып тартып турду. Ап элдер болсо табгачтарга жакын
кошуна болуп келип туруп, алардын жаман айла-амалдарын үйрөнүштү»31
.
Ал кайсы «жаман айла-амалдар» экени Күл-тегинге арналган эстелик жазууда
түшүндүрүлгөн: «...табгач эли тараптагы бузукулар менен көкүтүүлөрдүн аракеттеринин
натыйжасында жана асем байлыгы менен кызыктыруунун аркасында, ошондой эле, алар
(табгачтар) агалары менен инилерин араздаштырып, эл менен башкаруучуларды бири-
бирине тукуруп, курал менен жабдуунун натыйжасында, түрктөр өз элин бүлүнүүгө алып
келди» 32 . Тон-йокуктун сөзү кыска: «Мен өзүм, акылман Тон-йокук табгачтардын
маданиятынын таасири астында тарбия-таалим алдым... Хан айтты: «менин жанымда
бол». Мен, акылман Тон-йокук анын жанында болдум»33. Тон-йокук бир чечимге келип,
шаарды таштап, талааны артык көрдү.
Кытай эстелик жазуусу да түрктөрдө идеялык багыттардын бар экенин белгилейт, аны
согушчан пассеизм деп атаса болчудай. Өзүнүн нарк-каадасын сактоо менен, ал идея
кытай маданиятын эмне үчүн кабыл албай турганын өтө мажес түшүндүрүүнү сунуш
кылат: «Анын (Күл-тегиндин) ата-энесин урматтаганы, бардыгына бирдей мээримдүү
мамилеси алыскы өлкөлөрдө да аны даңкка бөлөдү, анын улуулугу жана ак дили ата
салтын өзгөртүүгө жол берген жок»34. Мажес болсо да бул жылуу-жумшак түшүндүрүү жат
маданиятты өзүнөн аң-сезимдүү түрдө четтетип, ага өзүнүн эски каада-салтын карама-
каршы коюу фактысын ырастап турат.
Бул учур өтө маанилүү: бул жерде мамлекеттердин гана күрөшү эмес эки
маданияттын күрөшү, эки көз караш менен эки дүйнө таанымдын күрөшү орун алган. Улуу
талаа өзүнүн Кытай болбоого, өзү менен өзү боло тургандыгына укугу бар экендиги
жөнүндөгү манифест менен жар салды. Мындай күрөш хуннулардын шанүйү Модэнин
заманынан бери эле жүрүп келген, бирок бул жолу идея калыпка салынып, документте
чагылдырылып отурат.
Бирок да, биринчи принцип көк түрк элине баш ийген көчмөндөрдүн арасында
жагымдуу болгон, албетте, бул аларды кытайлык кайыр-садагалардан
ажыратып турган дечи, бирок, анткени менен, экинчи принцип толук бойдон кабыл
алынган эмес, ал түгүл кемсинтилгендик катарында түшүнүлгөн. Ич- ара бирдикте болгон
түрк эли, аны негиздөөчүлөрдүн идеясы боюнча, бардык башка уруулардын үстүнөн
үстөмдүк кылууга тийиш эле. Тон-йокук өзүнүн сиңирген эмгеги катарында бүткүл өмүрү
бою элге «эл кошуп», «түрк элин көтөрүп келгенин» көрсөтөт»35. Түрк ханы тарабынан
киргизилген «тартип» «биздин кулдарыбыз да кул ээлөөчүлөр, күндөрүбүз да кул
ээлөөчүлөр болуп калышты»36 дегенди билдирип турган.
Билге-хан мындай дейт: «Туфан (Тибет падышалыгы) иттин тукуму, ал эми Кидан
менен Хи менин туткундарым» 37 . Түргөштөрдүн ханын түрктөр вассалыбыз деп
эсептешкен; Чанъандагы бир тойдо түрктөрдүн элчиси түргөштөрдүн элчисинен
ылдыйраак жерде отуруудан баш тартат38. Түрктөрдүн төрөпейилдиги талааны тартипке
келтирип, оригиналдуу маданиятты куруп жаткандарбыз деген сезимден улам келип
чыккан, бирок бул милдет өз букараларын эксплуатациялоо, а түгүл экспроприациялоо
менен байланышта жүргүзүлгөн, ал эми бул болсо ал букараларды мындай абалдан
куткаруунун жолун Империя менен союз болуудан издөөгө түрткөн, бул акыры түбүндө
Кагандыктын кыйрашына алып келген.
Эми, көк түрктөр узун найзалар, курч кылычтар менен үгүттөп, жайылтып жаткан
маданият кандай маданият болгонун карап көрөлүк.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Тарых. Өзүнүн тарыхын билбеген жана ага карата белгилүү бир мамилеси жок
болгон жерде маданияттын өнүгүшү эч мүмкүн эмес. Жыл эсептөө доору, эгерде ал башка
жактан алынбаса, этногенездин тарыхый процессинин башталышын билдирет, т.а. ушул
датадан тарта белгилүү бир элдин жашоосу башталат; андан мурда болуп өткөндүн баары
бул эл үчүн тарыхка чейинки доор деп эсептелинет.
Түрктөр өздөрүнүн жашоосун дүйнөнүн пайда болушунан бери тарта эсептешет, алар
дүйнө анчалык эски эмес деп ойлошкон. Күл-тегиндин эстелик жазуусу тарыхый
экскурстан башталат: «Үстүбүздө көк асман, алдыбызда кара жер жаратылганда (же пайда
болгондо) бул экөөнүн ортосунда адамзат тукуму жаратылды (же пайда болду). Адамзат
тукумунун үстүнө менин бабаларым Бумын каган менен Истеми каган отурушту»39
.
Ошентип, дүйнө б.з. VI к. башталат деп так дата белгиленет. Демек, дүйнө бар болгону 200
гана жыл жашап туруптур. Бул жерде баарынан мурда Ортоңку Азияда хуннулардын
традициясы үзүлүп калганын белгилеп коюшубуз керек. Чыңгыз хандын моңголдору
түрктөр жөнүндө эч нерсе билбегендей эле хуннулардын укум-тукумдары болгон түрктөр
да өздөрүнүн ата-бабалары жөнүндө эч нерсе билишкен эмес. Эгерде биз
традициялардын эки жолку үзүлүшүн: Хуннулар менен Түрк кагандыгынын ортосундагы
жана Түрк кагандыгы менен Чыңгыз хандын империясынын ортосундагы традициялардын
үзүлгөнүн эске албасак, анда Ортолук Азиянын тарыхы бизге түшүнүксүз бойдон калат.
Үзүлгөн жерлерде обскурация мезгилдери жатат.
Бирок кытайлар үчүн тарых окуялардын түз багыт менен келе жаткан үзгүлтүксүз
тизмеги катарында элестелет. Ошондуктан эпитафиянын кытайча тексти таптакыр эле
башка тарыхый концепцияны берет, калыбы, бул да үгүт-насият маанисинде жазылса
керек. Баарынан мурда, адамзаттын алгачкы жалпылыгын белгилейт, бул жалпылык
кийин Инь жана Ян40 деген белгисиз күчтөрдүн таасири менен бытырап бөлүнүп кеткен.
Бул көз караш Тан династиясынын императорлоруна жаккан, анткени, алардын баш
коштуруп, бириктирүүгө болгон умтулуулары бар болгону адепки идиллияны
(жалпылыкты) кайра калыбына келтирүүгө гана багытталган имиш. Андан кийин түрктөр
хуннулардын тукумдары деп аталат да, мында хуннулар Кытайга баш ийип турган
мезгилге көбүрөөк басым жасалат. Чындыгында бул мезгил эки элдин тарыхы үчүн эпизод
гана болгон. Мунун билимсиз окурманга арналганы ачык болуп турат. 630-жылы
Империянын Биринчи Түрк кагандыгын жеңип алганын баш аламандыктын жоюлушу
катарында көрсөтүп, эми согуштук эрдиктердин зарылчылыгы жок болуп бара
жаткандыгы белгиленет. Кагандыктын кайра калыбына келтирилишинин жана кийинки
согуштардын тарыхы сыпаалык менен калтырылып кетет да, бирок «басып кирүүлөр жана
кооптуу учурлар тыйылып, жаа менен жебелер саадакка салынып, аларга (түрктөргө) мен
тараптан (императордон) кыстоо болбой, алар бизди алдабай» 41 тынч мамилелер
түзүлгөнү белгиленет. Андан ары «каган өзүмдүн уулум сыяктуу болуп калганы»
көрсөтүлөт, т.а. империялыктар ишке ашыра алышпаган көз карандылык эмес, «өз ара
кыйышпас, урматташып- сыйлашуу»42 мамилелери орнойт.
Тарыхый келечек ошол убактагы саясий багыттын принциптерин негиздөө үчүн
колдонулган, бирок, өзүнөн өзү түшүнүктүү болгондой, кытайлар өзүлөрү Күл-тегинге
арналган эпитафияны тарыхый чыгармалардын катарына дегеле кошкон эмес.
Бизге башка бир нерсе — VIII к. илимий-тарыхый полемиканын орун алгандыгы жана
анын мүнөзү маанилүү. Түрктөрдүн өз тарыхына жасаган мамилеси кытайлардыкынан
алда канча айырмаланат.
Экинчи бир кызык жагдай — эпитафиялык43 жазууларда жана Кытай хроникаларында
түрктөрдүн пайда болушу жөнүндө айтылгандардын дал келбегендиги болуп саналат.
Кытайлар эки мифтик версияны келтиришет. Буларга ылайык түрктөр бала курактагы
ханзаада менен карышкырдын канчыгынан пайда болгон. Эстелик жазууда миф жана
жомок дегендин ордуна gylyn — жасалуучу, жасалган деген этиш турат44
.
Кытай эпитафиясы этногенездин дал ушул түшүнүгүн берет да, муну уламыштардын
эски жазып алынгандарынан артыгыраак көрөт. Эми түрктөрдүн пайда болушу Динлиндер
өлкөсү менен байланыштырылып, «ал жерде баатырлар көп-көп пайда болуп турган»45
деп айтылат, т.а. кубулушту аңдап түшүнүү примитивдүү- материалисттик мүнөздө болуп,
жергиликтүү жаратылыштын касиети белгиленет. Бул эки учурда тең түрктөрдүн көз
караштары чагылдырылган деп ойлосо болчудай, бул болсо түрктөрдө илимий ойдун
прогрессин белгилөөгө негиз берет. Өздөрүнүн 200 жылдык тарыхында алар, калыбы,
мифтик, образдуу ой жүгүртүүдөн тарыхый жана рационалдуу ой жүгүртүүнүн ашуусун
ашып өтүшкөн болсо керек.
Андан ары Биринчи кагандыктын өтө үстүртөн баяндалган тарыхы берилет. Бирок
тактыны мурастоонун түрктөрдөгү «шатылык» тартиби белгиленет: «Алардан кийин
алардын инилери, андан соң алардын уулдары каган болушту». Андан ары
«башкаруучулар менен элдин түз жүрбөгөнү», табгачтардын «азгыруусу» жөнүндө, «өз
элин бүлүнүүгө алып келип, кагандын өлүмүнө себеп болгондугу» үчүн түрк элин айыптап,
натыйжада 50 жыл бою табгачтардын каганына кызмат кылып, күчүбүздү жумшадык
деген арыз-армандар айтылат. Бул эстелик жазууда табгачтарды айыпташпайт, анткени
алар душман, демек, алардын кылары ошол. Ушундай болгон соң, алар душманча
мамиле жасашты жана аларды бул үчүн күнөөлөөгө болбойт. Биринчи кагандыктын
тарыхы ушуну менен аяктайт.
Бирок да эстелик жазууларда тарыхый маалыматтардын аздыгын жалпы
билимсиздик (караңгылык) катарында кароого болбойт. Эстелик жазуулар менен катар,
мүмкүн, биз таппаган же жок болуп кеткен башка мазмундагы тексттер да бардыр.
Анткени руна сымал жазуулардын көпчүлүк бөлүгү жыгачка жазылгандыктан чирип жок
болгону белгилүү46
.
Тарых хронологиясыз болушу мүмкүн эмес. Циклдик мезгилден аралык мезгилге өтүү
— бул примитивдүүлүктөй тарыхка өтүү болгон. VI к. түрктөрдө али жыл эсептөө болгон
эмес, алар «мезгилдерди чөптүн түсү боюнча белгилешкен»47. VIII к. түрктөрдө «айбанат
цикли» пайда болот, т.а. ар бир жыл белгилүү бир айбандын аты менен аталып, 12
жылдан кийин кайталанып турган. Убакытты ушундайча эсептөө азыр Орто жана Чыгыш
Азиянын бардык элдеринде колдонулат. Айбанат циклинин пайда болушу — өзгөчө
маселе жана ал али чечиле элек. Бул түштүктө пайда болгон деп гана айтууга болот,
анткени айбандардын ичинде маймыл бар. Түрктөрдүн айбанат циклин кабыл алышы
алардын эл аралык байланыштарынын жана башка элдердин жетишкендиктерин кабыл
алуу өскөндүгүн көрсөтүп тцрат.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   eldar96   24 Сентябрь 2018 - 19:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бул цикл менен катар «элдик хронология» да жашап турган. Мисалы, «Күл- тегин 26
жашка толгондо биз кыргыздарга жортуулга аттандык»; же: «Бул салгылашта Күл-тегин 30
жашта эле»; же: «тактыда менин каган агам отурганда» жана д.у.с. «Элдик хронология»
болжолу сезондук циклден (жаздан жазга чейин) айбанат циклине карай өткөөл түрү
болсо керек. Заман (эра) жөнүндө түрктөр али билише элек болучу.
Түрктөрдө тарых философиясы болгон. Ал түгүл анын эки багыты да айырмаланып
турат. Кытайлар тарабынан тарбияланган Тон-йокук — прагматик болгон. Ал түрк элинин
жана хандын жыргалчылыгы үчүн умтулуп, бардыгын өзүм иштедим деп эсептейт.
Биринчи орунда Мен турат — бул нагыз волюнтаризм! Мында диний жагдай да болсо
керек: «Теңир»48[асман, кудай] мага билим берди»49, бирок жерде Тон-йокук бардыгын
өзү чечет — муну дээрлик деизм деп айтууга болот. Дал ушул жерде Тон-йокуктун
кытайлардан алган тарбиясынын таасири көрүнөт. Тарыхый процесстин механизмин
дээрлик дал ушундай түшүнүүнү биз Инь менен Ян күчтөрүнүн маанисиз күрөштөрүнүн
фонунда кытайча эстелик жазуулардан көрөбүз. Тайцзун баш аламандыкты жоюп,
агартууну киргизет; бул жерде волюнтаризм принциби мурдагыдан алда канча ачык
көрүнөт.
Йоллыг-тегинде мамиле таптакыр башкача. Ал теист. Түрктөр өлүмгө бара жатканда,
«Түрктөрдүн Теңири жана түрктөрдүн ыйык Жер Суусу мындай дешти: «түрк тукуму
өлбөйт, эл болуп кала берет»50. Андан соң Теңир Элтерес-ханды колдоп, аны көтөрмөлөп,
анын кошуунуна кайрат-күч берип, коңшуларын жеңип чыгышуусун камсыз кылат. Теңир
колдоп гана тим болбостон, жогортон сыр да көрсөтө алат, ошондо жер жарылып, каран
күн башка түшөт; бирок Теңирден ырайым сурап алууга51 да болот, ошондо ал жардам
берет, анткени «мезгил (т.а. тагдыр) Теңирдин колунда»52
Мыйзамдуу хан «Теңирге окшош, Теңирден жаралган түрктүн акылман ханы»53
катарында кабыл алынат. Йоллыг-тегин кудайчыл адам болгону көрүнүп турат!
География. Көк түрктөрдүн географиялык билим-таанымдары алардын согуштук
ареалынан алда канча кеңири болгон. Чыгышта кидандардан, татабдардан (хи) жана отуз-
татарлардан54 Маньчжуриянын байыркы моңгол урууларынан башка да түрктөр Амур
бойлорундагы мукри элин да билишкен55.
Түрктөрдөн чыгышта, деңизден алыс эмес аймакта, Киргил-Саргыч, же Деңиз
дарыясы менен сугарылган56 «Шантуң түздүгү» жаткан. Бул түндүк-чыгыш Кытай болучу.
Түштүк тарабында түрктөр эки ири мамлекетти: түрктөр Табгач деп атаган Кытай
менен Тибетти билишкен.
Түрктөрдүн Сибир 57 жөнүндөгү билимдери аз болгон. Калыбы, аларды тайга
кызыктырбаса керек. Алар талаа менен чектеш жерлерде жашаган элдер менен
урууларды — Чыгыш Байкал сыртындагы байыркуларды, ошол тапта Байкалга жакын
турушкан курыкандарды, Батыш Саяндагы кыргыздарды, Жогорку Эртиштеги карлуктарды
билишкен. Эртиш деген аталыш (жазууда «Агйз») биздин күндөргө чейин сакталып калган.
Батыш өлкөлөрү жөнүндөгү маалыматтарда алда канча көбүрөөк. Орто Азияны көк
түрктөр Согдак деп аташкан; Сыр-Дарыя Йенчу, Бермет суу деп, ал эми Бузгала-Темир-
Капыг өтмөгү — Темир дарбаза деп аталган. Чоң шаарлар энчилүү аттар менен аталган,
мисалы, Бухара. Түрктөр менен чектеш болбогон дубандардан Курдан, т.а. түндүк
Түркмөнстандын чөлдөрү, тохарлар, tazik — арабдар жана Пурум-Рум (Рим), т.а. Византия
империясы аталган. Мындай кеңири диапазондогу географиялык билимдерди көк
түрктөр Биринчи кагандыктын түрктөрүнөн мурастап алышкан. Түрктөрдүн батыштагы
байланыштары үзүлүп калганы менен билим-таанымдар салт боюнча муундан муунга
өтүп, топтолуп, түрк маданияты өсүп-өнүгө берген.
Саналып өтүлгөндөрдөн башка да, эстелик жазууларда азырынча чечмелөөгө мүмкүн
болбогон аталыштар учурайт: табышмактуу аз эли түндүк-батыш Монголияны мекендеп
турган, алар менен кошуна болуп изгилдер жана күмөндүү берчекерлер жашаган. Күл-
тегиндин эстелик жазуусунда эскерилген абарлар жок болуп кеткен мукри деген эл менен
сиңишип кеткен.
Мукри эли жөнүндө Феофилакт Симокатта өзүнүн «Тарых» («История») 58 деген
эмгегинде эскерет. Ал мукрини «таугасттарга», т.а. тобаларга жакын жана өтө согушчан эл
деп эсептейт. Бул урууну биз түргөштөрдүн курамынан таптык, алар согэ жана алишэ
уруулары менен тыгыз жакындыкта жашап турган.
Шаванн мукри=mou-ki кытайлар мохэ 59 деп аташкан тунгус тобуна кирет деп
болжолдойт.
Маркварт 60 мукрини меркиттер менен окшоштурат. Бирок бул эки изилдөөчү
тарабынан мекрин, же мукрин деген элге көңүл бурулган эмес. VII к. кытай анналдарында
мукри мохэ деп аталып, түргөштөрдүн бир тайпасын түзүп, согэлер менен чогуу Иле
суусунун жогорку агымын жана түндүк Теңир-Тоодон Хамиге чейинки аймакты мекендеп
турган. Чындыгында мукрилер меркиттер боло албайт, анткени үнсүздөрдүн орун
алмаштырылышына эч кандай себеп жок, анын үстүнө меркиттерди Чанъан-Таугастка
жакын эл деп да атоого мүмкүн эмес. Мукриндер болсо Теңир-Тоо жана Бейшандын
чыгыш тоо тармактарында Вэй империясынын батыш чек арасына канатташ жашап турган.
Калыбы, Гучен менен Үрүмчүнүн ортосундагы Мохэ шаары ушул аймакта жашаган уруунун
аты менен аталса керек61. Иле дарыясынын өрөөнүнөн карлуктар тарабынан сүрүлүп
кетип мукри эли Теңир-Тоонун түндүк тоо тармактарындагы өзүлөрү мекендеп калган
аймактын чыгып чет-жакаларына турукташып жашап калган.
Рашид-ад-Дин алар жөнүндө төмөнкүчө жазат: «Бакрин уруусу, аларды мукрин деп да
аташат. Алардын конуштары Уйгурстан өлкөсүндө, бийик тоолуу жайларда турат. Алар
моңголдор да, уйгурлар да эмес» 62 . Рашид-ад-Диндин жазганына караганда
аталыштардагы дал келбөөчүлүк диалектидеги айырмачылыктарга байланыштуу; ошол
эле элди ошол эле себеп менен кабрин деп да аташат. Алар, Рашид-ад-Диндин айтуусу
боюнча, моңголдорго окшогон талаа урууларына таандык, теги жагынан мифтик Огуз-
хандын тукумдарынан тараган уруулардан чыккан. Буларга кераиттер, наймандар,
оңгуттар, таңгуттар, бакриндер, кыргыздар да, т.а этностук теги ар түрдүү болгон жана али
белгисиз ар башка уруулар кирет63. Сыягы, Рашид ад-Динге таянып айтса керек, Абул
Гази64 да мукриндер жөнүндө ушунун эле өзүн айтат. Акырында келип, мукриндер
жөнүндө Планө Карпини65 жана Мин-ши66 да эскеришет.
Моңголдор доорунда мукриндердин мекени Үгөдөйдүн небереси Хайдунун улусун
түзгөн, андан кийин, ал Чагатай улусуна кирсе керек. Чагатай хандарынын бийлиги кулап,
талаада өзбек уруулар бирлиги түзүлгөндө, ага кирген уруулардын ичинде мукриндер да
болгон67. Азыр мукриндер жок, бирок 1896-жылы Грумм-Гржимайло Карлыктагда моңгол,
кытай жана түрк тилдери аралашкан тилде сүйлөгөн кайсы бир уруунун калдыгын
көргөн68, бирок алар акыркы мукриндер болгонбу же жокпу, аны аныктоо мүмкүн эмес.
Түргөштөр бир кезде согушкан кеңгерестер печенегдердин эле өзү болгон, алар Сыр-
Дарыянын төмөнкү агымдарында жашап69, батыш тарапка ооп кеткиче «каңгар» деп
аталышкан, бул сөз кең пейилдүү, баатыр эл дегенди билдирген70
.
Акырында, Тон-йокук өз элин түрк-сир — turk-sir-budun деп атайт. Хирттин71 сир деген
аталышты сеянто этнониминин курамдык бир бөлүгү се деген кытай сөзү катарында
көрсөтүүгө жасалган аракети Г.Е.Грумм-Гржимайло тарабынан жокко чыгарылган болсо
да, А.Н.Бернштамдын сын көз менен жазылбаган эмгегинин натыйжасында, илимге кирип
кала берди. Сир жөнүндөгү маселени азырынча чечилбеген бойдон калтырабыз.
Батыш түрктөр дайыма он ок эли деп аталып келген. Бул этноним эмес, Батыш
түрктөрдүн 635-жылда башкарып турган ханы Ышбара Толис-шад-хандын
административдик ишмердигинин изи 72 . Алты чуб орто азиялык хуннулардын
тукумдарынан болгон чуюе, чуми, чумугун, чубан деген чүйлүк уруулар катарында
түшүндүрүлөт; булардын ичинен чубандар VII к. орто ченинде экиге бөлүнүп кеткен73, ал
эми чуюеден шато бөлүнүп чыккан.
Чуюе (сиb) кытай эпитафиялык жазууларында түрктөрдүн батыш коңшулары
катарында эскерилет, бул сунуш кылынып отурган интерпретацияга негиз болуп берет74
.
Ошентип, көк түрктөрдүн географиялык билим-таанымдары өзүнүн аймагынын
кеңдиги боюнча кытайлар менен гректерге жете алган эмес, бирок өз заманындагы
батыш европалыктардан көбүрөөк билгендигинде талаш жок.
Оозеки адабият. Этнографиялык маалыматтарды талдоону улантуу менен биз өз
көңүлүбүздү фольклорго да бурушубуз керек, бирок баатырдык жомоктордун көпчүлүк
бөлүгү, алар байыркы мезгилдерден бери келе жатса да, ойрот мезгилинде75 кайрадан
иштелип чыккандыктан, тарыхый изилдөөлөр үчүн фольклордук материалдарды
пайдаланууда өтө кылдаттык талап кылынууга тийиш.
Ошентсе да, фольклордун айрым элементтерин түрктөрдүн мезгили менен
даталаштырса да болот. Н.Улагашевден жазышып алынган баатырдык жомоктордун
ичинде, бирөө — «Сай-Солонг» — байыркы замандардан келе жаткан майда-чүйдө
учурларды камтып турат. Жомоктун сюжети жөнөкөй, анчалык өзгөчөлүү да эмес: баатыр
эрдик көрсөтүп, шайтан-шабырлар менен душмандарды жеңип чыгат. Бирок мында
башка нерсе маанилүү: Улагашевдин баянында ташталып кеткен окуя бар, бул жөнүндө,
мисалы, баатырдын ага карындашы берген кереметтүү купюраны — эрдэнэни
пайдаланбаганы, же алтай тилинде жолукпаган, мисалы «эрмен» сөзүнүн
пайдаланылышы айтып турат. Бирок эң башкы нерсе, алтайлык баатыр Сай-Солонгго
Ирбис-Буркан (мүмкүн, бурхан)76деген баатыр жардамга келет ; бул, комментатордун
пикири боюнча, «баатырдык баяндын негизинде байыркы миф жатканын далилдейт».
Бул Ирбис-буркан өзү жөнүндө мындай дейт: «Мен жарык дүйнөгө калың асканы
жарып чыгып келдим» 77 Комментатор муну көптөгөн элдерге, атап айтканда,
кавказдыктарга жалпы мүнөздүү болгон мотив катарында түшүндүрөт, бирок анын
Амиран жана Кенже Мгере78 жөнүндөгү уламыш менен салыштырганы Ирбис жөнүндөгү
баянга карама-каршы келет: Кавказда баатырлар тоону жарып кирип кетишет, Ирбис
болсо тоону жарып чыгып келет. Анын үстүнө Кавказ менен Алтайдын байланышы
жөнүндөгү маселе дегеле күмөндүү маселе.
Аналогия (окшоштук) Алтайдын өзүнөн табылып отурат. Рашид ад-Диндин
чыгармасында түрктөрдүн түпкү теги жөнүндө сөз болгондо, алардын тоого сүрүлүп
барып камалганы жана ал жактан кайра чыга алышпай калганы айтылат. Ошондо алар
асканын ичинде чоң от жагышат, тоо темирлүү тектерден тургандыктан, эрип, тешик
пайда болгондо, түрктөр ошол аркылуу чыгып келишет79
.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   eldar96   03 Октябрь 2018 - 12:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Бул жерде варианттар толук дал келет. Түрк Ирбис-буркан алтайлык Сай- Солонгду
кырсыктан куткарып, анын карындашына үйлөнөт да, бир туугандарча чогуу жашап
турушат. Баатырдык баяндын өзү үчүн катардагы көрүнүш болгон бул мотивдин тарыхый
мааниси бар. Ал качандыр бир убактарда Алтайдын жергиликтүү түпкү калкы түрктөрдүн
калдыктары менен кошулуп, сиңишип кеткендигин далилдеп турат. Ирбис деген
ысымдын өзү, т.а. Барс орхон жазууларында жолугат80; бирок ысымдын экинчи бөлүгү —
буркан шек туудурат. Ирбисте эч кандай теңирчилик касиет жок, мындай наамга татыктуу
болгудай анда эч кандай укук да жок сыяктуу. Маселе эмнеде? Калыбы, кеп бул ысым
кийинки кечирээк мезгилде өзгөрүлүп, башка түшүнүккө ээ болуп калганында: буркан —
Бөрү-хандан, т.а. «бөрү хан» дегенден келип чыкса керек, анткени түрктөрдү бөрүлөр деп
аташкан. Шаманизмдин пайда болушуна моңголдор жана ойроттор менен карым-
катнаштын башталышына байланыштуу сөзгө башка маани берилип, Ирбиске жеринде
мүнөздүү болбогон сыйкырдуу касиет ыйгарылган.
Ошондой эле дагы бир мотив — ак карышкырдын Ак-Тойчуну Эрликтен куткарып, аны
маралдын сүтү менен бакканы Л.П. Потапов тарабынан белгиленген, ал муну
түркүттөрдүн түпкү теги жөнүндөгү уламыш менен салыштырып, бул мифтен азыркы
алтайлыктардын ата-бабаларынын байыркы тотемдик ишенимдеринин изин көрөт81
.
Түркүт кагандыгынын дооруна таандык болгон дагы бир сюжет — Алпамыш
жөнүндөгү баатырдык баян болуп саналат82. Бул жомоктун көп варианттары белгилүү,
бирок алардын ичинен «Алып-Манаш» деп аталган алтайлык варианты эң байыркысы, ал
жомокчу Н.Улагашевден жазып алынган Анын мазмуну түрктөрдүн тарыхы үчүн маанилүү
болгон аспектиде кыскача берилген83. Алып-Манаш баатыр дөө болот; ата-энеси аны
Кыргыз хандын сулуу кызына үйлөнтөт. Бирок Алып-Манаш аялын чанып, Ак-Кандын
кызы, Эрке-Каракчы сулууну издеп жөнөйт. Ар түрдүү окуяларды башынан кечирип,
баатыр акырында Ак-Канга туткунга түшүп калат да, жапайы каздын канатына кат жазып
жардам сурап үйүнө жөнөтөт. Анын куткаруу үчүн жиберилген асыранды бир тууганы аны
куткаруудан баш тартып, туткунда жаткан баатырга берип жиберген кереметтүү тамак-
ашты өзү жеп алат. Ушундан кийин ал Алып-Манашка эгиздей окшош болуп калат да,
досунун аялына ээ болуу үчүн чыккынчы үйүнө кайтып келет. Туткундагы баатырды
өзүнүн сыйкырдуу күчү бар мингич аты бошотот. Баатыр аты менен бирдикте Ак-Канды
жеңип, аны көптөгөн баатырлардын өлүмүнө себепчи болгон кызы менен кошо өлтүрөт.
Ак-Кандын эли менен малын баатыр «чөнтөгүнө» салып (бул алтай жомокторунда84
душман элди жана малды чаап, айдап кетүүнүн демейки эле ыгы), үйүнө кашка баш, түрү
суук абышка кейпинде кубулуп келет да, өзүнүн чыккынчы досун ашкерелейт. Ал
коркунучту сезип, турна кушка айланып, учуп жоголот. Алып-Манаш болсо өз жерине
туткундары менен малды жайгаштырып, эли үчүн чоң той өткөрөт85
.
Бул жерде көптөгөн кызык нерселер бар: «ак-хандын» кара ниет сулуу кызын издеп,
саякаттап кетүү — орхон жазууларындагы өз үйүндө, Өтүкен черинде жашоону, асем
дүнүйө, сулуу кыздарды издеп азгырылып, табгачтарга барууга кызыкпоону үгүттөгөндүкү
эске салат, алар эстелик жазууларда айтылбаганы менен аз эмес роль ойноого тийиш эле.
Жапайы каздын канатына жазылган кат Хан доорундагы Су У деген элчинин хуннулардын
туткундан ушундай жол менен бошонуп чыккандыгы айтылган кытайлык дидактикалык
жомок менен үндөшүп турат. Асыранды бир туугандын чыккынчылыгы жөнүндөгү тема
өтө курч жана жагымсыз нерсе; биз Биринчи кагандыктын бүткүл тарыхы түрк
ханзаадалары менен баатырларын паралап сатып алып турушкан кытай чалгынчы-
тыңчыларына каршы күрөшкө толгонун көрүк. Түрктөр бири-бирине анча ишенишкен
эмес, ошондуктан жомокто оң каармандын ролун сыйкырдуу күчкө ээ болгон ат ойнойт.
Жомок баатырдын нарксыз максатка умтулуп, көп түйшүктөрдү башынан өткөргөнүн
ойлоп, кейигени менен аяктайт. Өч алууга караганда сулуу кызга үйлөнүү анчалык
маанилүү эместей көрүнгөндүктөн ал Ак-Канды, кызы жана жан-жөкөрлөрү менен бүт
кырып салат. Бирок олжо алуу кызыкчылыгы бул жерде өз укугун сактап калган,
ошондуктан колго түшкөн олжо баатыр башынан өткөргөн азап-тозоктордун кайтарымы
сыяктуу. Андан кийин жомок жакшылык менен аяктап, жамандык жазаланып,
адилеттүүлүк салтанат курат. Күн алдында жашоого укук үчүн чымырканган күрөш жүрүп
турган VIII к. бул дидактикалык элемент өтө маанилүү болгон, бул да Йоллыг-тегин менен
Тон-йокуктун насыят сөздөрү менен үндөшүп турат. Кандайдыр бир аңдоого мүмкүн
болбогон сюжеттик интонациялар биз талдап отурган вариант, мүмкүн, биринчи
кагандыктын тушунда жаралып, экинчисинде жашоосун улантып, ал жактан Алтайга ооп,
ал жерде биздин күндөргө чейин жашап келгенин баамдаткансыйт. Байыркы дүйнөнүн
ушул бир үзүмү аркылуу биз түрк башкаруучуларынын үгүт-чакырыктарын гана эмес,
алардын элинин эмнени айтып, эмнелерди угушканын да биле алабыз.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   eldar96   03 Октябрь 2018 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТИБЕТТИКТЕР ЖАНА ТҮРГӨШТӨР
Тибеттиктер батышка бет алышууда. Тан империясы менен Тибеттин
ортосундагы оор, кан төгүлгөн жана кымбатка турган согуш 718-жылы Империянын
жеңиши менен аяктады. Тибеттиктер өз жерине сүрүлүп, суусу шар аккан Хуанхэ дарыясы
эки элдин ортосундагы чек ара болуп калды1
. Тибеттиктер согушту уланта алышмак эмес,
бирок тибеттик өкмөт согушпай коё албайт болучу. Такты менен төрөлөрдүн ортосундагы
күрөш Тибетти жабыркатып турду. Падышалар чет жерлик окуу болгон буддизмден
таяныч издешти, ак сөөк төрөлөр өз тагдырларын жергиликтүү бон дини менен
байланыштырышты.
Бон дини Тибетке Орто Азия тараптан келген. Бул ишеним боюнча адамдар
сыйкырлуу ырым-жырымдардын жардамы менен космоско, арбактарга сыйынышкан.
Тибеттиктер асмандын, жердин, күндүн, айдын, жылдыздардын жана дүйнөнүн төрт
тарабынын кудайларына табынышкан. Ушул динге ылайык эң зор эпопея — Амдого басып
кирип келген каардуу душмандар менен салгылашкан, жомоктогудай баатыр Гэсэр
жөнүндөгү уламыштардын циклдери пайда болгон2
. Гэсэр согушта уттуруп коёт, бирок
анын жолун жолдогондор акыры жеңишке ээ болорунан үмүт үзүшкөн эмес.
Буддизм экзотикалык көрүнүш болгон. Аны түшүнүп, кабыл алуу белгилүү бир
интеллектуалдык даярдыкты талап кылган, ошондуктан анын окуусун индиялык же
кытайлык маданияттан кабары болгон аз гана адамдар өздөштүрө алышкан.
Тибет армиясынын катарында буддачылар эмес, бон ишениминдегилер
салгылашканын байкоо кыйын эмес; тынчтык жөнүндө келишимдерди түзүшкөндө
жылкы, өгүздөр же иттер, доңуздар жана койлор курмандыкка чалынган3
. Аурель Стейн
Лобнордон алыс эмес жерде, Хотан-Дарыясынын сол жээгиндеги Мирандан VIII к. же IX к.
башына таандык болгон документтерди тапкан. Ал документтер буддалык багыттагы
документтер эмес эле, анткени аларда эскерилген тибеттик ысымдар көпчүлүгүндө
буддалык эмес жана азыр пайдаланылбаган ысымдар болуп чыккан; кээ бир титулдар
буддизмге чейинки сагаларга (баяндарга) таандык; свастика бондук формада болгон;
«лама» термини жана «ом-мани-падма- хум» дубасы да жолукпайт; мындан башка да,
документтердин тили жана стилистикалык өзгөчөлүктөрү диний адабияттардын тилинен
өтө эле айырмаланып турат4
.
VII к. башынан тарта төрөлөр жана бон жрецтер өлкөнү жети жаш курагында такка
отургузулган хандын атынан башкарып турушкан5
Ак сөөктөрдүн таянычы аскер болгон,
ошондуктан аны таркатып жиберүү тышкы душмандардын алдында гана эмес, өз
падышасынын алдында да коргоосуз калуу дегенди билдирген. Аскерлерди жөн кармап
турууга да болбос эле, анткени ал өтө тездик менен бузулуп кетмек. Ошондуктан согушту
улантып, өздөрү таянган армияны коңшулардын эсебинен багып-асырап туруу үчүн
жеңишке ээ болуу керек эле; ал мезгилде мындан башка арганы билишкен эмес.
Бирок, курчуп бараткан окуялардын жүрүшүн байкоодон мурда VIII к. тибеттик
аскерлердин кандай болгонун карап көрөлүк, анткени анын өзгөчөлүгү андан аркы талдоо
жүргүзүүдө тибеттик экспансиянын тагдырын ачык билүүгө бизге жардам берет.
Байыркы тибет куралдары жөнүндө маалыматтар өтө аз; кытай хроникасы «алардын
туулгалары менен сооттору таза жана ачык түстүү келип, көзүнөн башка жерин бүт жаап
турат»6
деп кабарлайт. Чабуул коюучу курал жөнүндө текстте жаалар жана салмоорлор
жөнүндө олуп-чолуп айтылгандардан башка эч сөз жок7
. Байыркы тибет жоокеринин
сырткы келбетин элестетүү үчүн жана тибет армиясынын жеңишчилдигинин себебин
аныктоо үчүн мунун жетишсиз экени шексиз. Бул жерде салмоордун эскерилгени
маанилүү, ал жөө аскерлердин болгонун далилдейт. Атчан аскерлер үчүн салмоорду
колдонуу ылайыксыз, анткени атка минип туруп, жерден таш алуу жана аны айлантып
ыргытуу дегеле мүмкүн эмес. Тибеттиктердин ата-бабалары — жундар кытайлар менен
жөө салгылашып, көпчүлүк учурда жеңишке ээ болушкан»8
.
Бирок кытай анналдары дал ошол тибеттик атчан аскерлер жөнүндө, алардын
оорукка (тылга) жасаган катуу чабуулдары жана кол салуулары жөнүндө кабарлайт.
Калыбы, VIII к. тибеттик атчан аскерлер жөө да салгылашышса керек. Бул окурманды таң
калтырбоого тийиш, анткени, белгилүү болгондой, телелер (сеянтолор менен уйгурлар)
жүрүшкө чыкканда төрттөн ат коштой жүрүшүп, согушка киргенде аттарын ат баккычка
калтырып, жөө салгылашкан9
.
Атчан аскерлерди түзүү жана аны согушта колдонуу тактикасын биринчи жолу VI—VIII
кк. Түрктөр өздөштүргөн 10 жана ал адыр-будурлуу, кокту-колоттуу жерлерде аз
колдонулган.
Тан жана тибет армияларынын тактикалык мүмкүнчүлүктөрүнө таянып, биз алардын
тигинисин да, мунусунун да ийгиликтеринин себептерин биле алабыз. Кеңири
түздүктөрдө империялык оор куралданган атчандар тибеттиктердин колун жапырып-
жанчып турган, бирок тоолуу жерлерде соотчондор адыр-будурлуу жайларды жакшы
пайдалана билген жаачандар менен салмоорчулардын алдында күчсүз болуп калышкан.
Ушул себептен тибеттиктердин Кытайга чабуулдары кытайлык туруктуу армия башка
жактарда салгылашып жатканда гана ийгиликке жетишип турган; ал эми
империялыктардын чабуулу тоолорго жетер менен эле токтоп калган. VIII к. тактиканын
шартында Тибетти жеңип алуу Тан империясы үчүн мүмкүн эмес эле, алар тибеттиктерди
Сары дарыянын аркы өйүзүнө кууп салып, алардын күтпөгөн жерден кол салууларына
бөгөт болуу менен гана чектелип турушкан.
Бирок тибеттик аскерлер тышкы согуш болбогон учурларда дароо үйлөрүнө тарап
кетишмек да, өлкөнүн биримдиги бузулмак. Муну башкаруучулар жакшы түшүнгөн,
ошондуктан алар чыгышка карай жол азырынча жабылып калгандыктан өз аскерлеринин
күчүн батышты карай багытташты. Бул тарапта, кокту-колоттор менен аскалардын
арасында алар өз жөндөмдүүлүктөрүн колдоно алышмак.
Тибет аскери бир эле убакта уруулар кошууну да, туруктуу армия да болгон. Буга
армияны өтө чебердик менен уюштуруу аркылуу жетишилген; мында бүткүл Тибет төрт
чоң аскер округуна (ру) бөлүнүп, алардын ар бири жогорку жана төмөнкү деп аталган
бөлүктөрдөн турган, ал эми алардын ар бири өз ичинен төрт аскердик бирдикке (тонгдэ)
бөлүнгөн, булар кээде ошол аймакта жашап турган уруулар менен дал келген11. Эгерде
уруулар көп сандуу болсо, анда аларды бөлүштүрүп, башка аскердик бирдиктерге кошуп
жиберишкен, ошентип урууларга бөлүнүүнү административдик- аскердик максаттар үчүн
пайдаланышкан. Лхастын айланасындагы аскердик бөлүктөрдү түзүүдө уруулук курам
дегеле эсепке алынган эмес, анткени алар түздөн-түз падышанын карамагында турган;
калган аскер бөлүктөрү өздөрүнүн уруу аксакалдарына баш ийишкен, кээ бир учурларда
бул кызматтар мураска өтүп турган12
.
Феодалдык жана урук-уруу мамилелери мыкты ойлонулуп түзүлгөн борбордошкон
уюмга бириккен тибеттик армиянын күчү өз заманында зор күч болгон. Тибеттиктердин
олжосуна айланбоо үчүн алардын батыш коңшулары эмнени карама-каршы коё алмак
эле?
Батыш Тибет. Инди дарыясынын жогорку агымдарын жана анын куй маларын
камтып турган Батыш Тибет VIII к. башында Тибет падышалыгынын курамына кирген эмес.
Ап жерде тибеттиктер менен дард урууларын аралашмасынан куралган калкы бар майда
ээликтер болгон. Индинин боюңдагы Лех дубанында жомокто айтылып жүргөн Гэсэрд ин
тукумдарыбыз дешкен династия башкарып турган. Сасполдо башкаруучу Бандел деген
титулду алып жүргөн, ал эми Калатсада дарт княздарынын династиясы бийликте турган.
Мындан башка да айрым кыштактар уруу башчылары тарабынан башкарылган, алар эч
кимге баш ийген эмес13. Ушул бардык падышачылыктар бири-бири менен душмандашып
турушкан, ошондуктан тибеттиктер 718-жылы Тан империясы менен тынчтык келишимин
түзүп, 722-жылы эле «Кичи Болуйга, т.а Гилгитке кол салып киргендиги» таң каларлык
эмес болучу, анткени Гилгитке Батыш Тибет14 менен Балтистанга (Чоң Болуй) ээ болгондон
кийин гана басып кирүүгө мүмкүн эле.
Балтистан менен Гилгит тибеттиктерге тоо жолдору аркылуу Орто Азияга чыгуучу
жолду тосуп турган, ушуга байланыштуу ал падышачылыктарды өзүнө имерүү үчүн
дипломатиялык күрөш өтө курч мүнөзгө ээ болгон. 717-жылы тибеттиктер памир тоолору
аркылуу Кучага кол салуу үчүн али өтүп турушкан болучу, бирок ошол эле 717-жылы Чоң
Болуйдун падышасы тибет аскерлерин тоо ашуулары аркылуу өткөрбөөнү чечет. Ушундан
кийин Чоң Болуйдун өз алдынча жүргүзгөн саясаты тарыхта чагылдырылган эмес, ал эми
«Таншунун» географиялык бөлүмүндө бул өлкө тибеттиктерге баш иет деп белгиленген15
Тоолуу өлкө. Памирдеги тоолуу өлкөдө көптөгөн майда жана бир нече ири,
мисалы, Кашмир жана Тохарстан сыяктуу падышачылыктар болгон. VIII к. башында алар
эки тараптын: чыгыштан тибеттиктердин, батыштан — арабдардын кысымы астында
турган. Башкаруучулар, албетте, өздөрүнүн көз каранды эместигин сактап калууга
умтулушуп, Империя тарапка имерилип турушкан. 710-жылы Батыш Гиндукуштагы анча
чоң эмес Сие падышачылыгынан Кытайга элчилер келет16. Мунун артынан, 713-жылы
Кытай менен дипломатиялык мамилени орнотуп, Тибетке каршы союз түзүү максатында
Кашмирден элчи келет. Кашмирдин падышасы тамак-аш менен өзүм жабдыймын деген
убада берип, жардамчы армия жиберүүнү өтүнөт17. Элчилер Чаньандан 720-жылы кайра
жөнөтүлүп, үстүртөн союз түзүлөт, бирок мындан Кашмирге да, Кытайга да эч кандай
пайда болгон эмес.
718-жылы Чанъанга Тохарстан жабгусунун кайрылып, Забулстандын, Капистин,
Хутталдын, Курандын, Шумандын, Шугнандын, эфталиттердин, Вахандын, Жуздандын,
Бамиандын, Кабадиандын жана Бадахшандын падышаларына жолбашчылык кыла
турганын жана булардын ичинен алгачкы экөөнүн ар биринин 200 миңден атчан жана
жөө аскери, калгандарынын 50 миңден аскери бар экенин билдирет. Ушунчалык көп
аскери бөлгөнүнө карабастан, ал тибеттиктер менен арабдарга каршы жалынып-
жалбарып жардам сурайт, буга караганда аскерлердин саны 900 миң эмес, андан алда
канча аз болсо керек деп ойлоого болот18. Император тоолуктардын тибеттиктер менен
арабдарга каршы согушабыз дегенин жактырып, алардын падышаларына даназалуу
титулдарды берет (720-ж). Бирок 727-жылы Забулстандан Чанъанга кат келет. Бул кат
жардам жөнүндөгү ач кыйкырыктын нак өзү эле, анткени арабдар басып кирип келишкен
болучу19. Ошондон кийин бардыгы тынчып калат.
Кичи Болуйдан келген элчилердин иши ийгиликтүү болду. Бул Индинин бойлорунда,
Батыш Тибеттен орун алган падышалыкка индиялыктарга тектеш, тоолук арий уруулары
мондор жана дарддар жашап турушкан. Тибеттиктер Болуйдун өкүмдарынан Кашкар
менен Кучадагы кытайларга капыстан кол салуу үчүн анын ээлигинен Батыш аймакка ээн-
эркин өтүп кетүүнү талап кылат. Бирок, болуйлук өкүмдар тибеттиктердин ниетинин ак
экенинен шекшинет. Кийин бул шек туура болуп чыгат, анткени алар болуйлуктардын
тогуз шаарын тартып алышкан. Бэйтиндин кытайлык акими тынчызданып, Болуйга
Кашкардан 4 миң адамды жөнөтөт20
.
Буга шыктанган болуйлуктар тибеттиктердин ташын талкан кылып, өз шаарларын
кайтарып алышат21. Бир аз убакыт бою Болуй империя менен союзда болуп турат, бирок
кытайлардын жардамы сейрек болуп, ал эми коңшу турган Тибеттен келип жаткан
коркунуч кайгылуу факт болгон. Болуйлук бектердин бири Сужа-раджа (Сушиличжи)
тибеттик каныке кызга үйлөнөт да, Памирдин чыгыш тарабындагы тоолук 20
падышачылык Тибетке баш ийип калат. Батыш аймактын акиминин үч жолку жортуулу
онунан чыкпагандыктан, тибеттик экспансия улана берген. Тибеттиктердин батыштагы
кысымын начарлатуу үчүн империялык өкмөт 724-жылы чыгышта кайрадан Тибетке
каршы согуш баштайт. 730-жылга чейин согуш бирде жеңиш, бирде жеңилиш менен
жүрүп отуруп, кайрадан тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин улантыла берген. Бул жолу
тибеттиктер Болуйду талкалап, талап-тоноп алып кетишет, император болсо жөн гана
дипломатиялык нааразылык билдирүү менен чектелет, бул жеңилгендерге, албетте, эч
кандай пайда алып келген эмес22
.
Болуйду талкалап, тибеттиктер Тохарстанга кол салышканда кытайлардын аскери
тарабынан мизи кайтарылат23
.
Чаньанга Индиядан да элчилер келип, арабдар менен тибеттиктерге каршы жардам
сурашты. Ушундай эле өтүнүч менен 713-жана 719-жылдарда
Гибин да кайрылган24. Эгерде түрктөрдүн атчандары «өздөрүнүн жаны менен күчүн
табгачтардын ханына берүүсүн» уланта беришкенде, мүмкүн, Тан династиясы
мусулмандарды токтотуп, Тибетти басып алып, өз ара душмандашкан ээликтерге бытырап
бөлүнүп кеткен Индияны баш ийдирип, бүткүл Азияны бириктирмек. Бирок ал атчандар
династияны жеңүү же кырып салуу үчүн салгылашып жатышкан эле.
Империялык феодалдык система. Орто Азияга чыгуу тибеттиктерге зор
перспективаларды ачмак. 715-жылы эле алар арабдар менен тил табыша башташкан.
Тибеттиктер арабдарга Сыр-Дарыя өрөөнүн, т.а. Согдиананы ээлөөнү сунуш кылышты, ал
эми арабдар тибеттиктерге Тарим өрөөнүн ээлеп алуу укугун ыйгарышты25. Теңир-Тоодон
түндүктү карай кеткен талааларды түргөштөр басып алышты, ал эми империялык өкмөт
үчүн алакандай да территория калууга тийиш эмес эле. Дал ушул доордо Орто Азия Тан
династиясы үчүн өзгөчө мааниге ээ боло баштады. Жогоруда айтылгандай, бул династия
өзүндө кытай жана түрк маданиятынын элементтерин айкалыштырып камтып турган
болучу, болгондо да бул эки элементти тең салмакта кармоого умтулган. Каада-салттар
кытайлыктар тарабынан ишке ашырылган төңкөрүштөр жана түрктөрдүн көтөрүлүштөрү
тарабынан бузулуп турган болучу, бирок Сюань-цзун бийликке байыркы каада-салттардын
өкүлү катарында келген эле.
Ошондой болсо да, талаа Империядан экинчи кайрылгыс болуп бөлүнүп кетти. 720-
жыл түрктөр жеңип, түргөштөрдүн күч-кубаттуулугу калыбына келген жыл болду. Демек,
талаалыктардын ордуна Империянын кытай букараларынын өсүп бара жаткан таасирине
карама-каршы тура ала турган жолду табуу керек эле. Сыягы, империялык өкмөттүн
көңүлү согдулук жана тохарстандык дубандарга келип токтолгон болуу керек, анткени
ошол мезгилден тартыш аларга көбүрөөк кызыгуу күч ала баштайт. Империялык өкмөттүн
иш-аракетинде белгилүү бир системанын пайда болгону байкалат, ал система Сюаньцзун
кеңири феодалдык империяны түзүүнү болжолдогон деп корутунду чыгарууга негиз бере
алат, болгондо да «оммаж, фуа жана инвеститура» 26 принциптерине таянган лен
системасы киргизилген феодалдык империяны түзүү көздөгөн, ал эми Кытайдын өзүндө
болсо бенефицийлерди (кирешелерди) таратып берүү менен гана чектелген.
Чанъан сарайы тарабынан өз ара мамилелерге негиз кылынып алынган система
төмөнкүчө болгон: император мыйзамдуу бийликтин бирден бир булагы (ээси) деп
жарыяланган. Белгиленген концепцияга ылайык чет өлкөлүк падышаны император гана
беките алган, муну менен бирге ал ага титул жана анын өз менчигиндеги жерин мураска
же өмүрү өткөнчө пайдаланууга берген, ушундан кийин ал падыша империянын
системасына кирип, сюзеренге лоялдуу мамиледе турууга милдеттүү болгон. Чет өлкөлүк
падышадан эч кандай алым талап кылынган эмес, тескерисинче, ага кымбат баалуу асем
белек-бечкектер, негизинен жибек-шайышар жиберилип турган. Кытайлар
падышачылыктардын ички ишине кийлигишүүгө умтулушкан эмес, демек, титул жана
инвеститура алган падыша мындан пайда гана көргөн, анткени мунун акысына бар
болгону императорго — сюзеренге (оммаж) ызаат кылып, урмат көрсөтүү гана жетиштүү
болгон. Ошондуктан 717-жылдан 740-жылга чейинки мезгилде түргөш ханы, дээрлик
бардык согду жана тохарстан падышалары (бектери), а түгүл бир нече индиялык радж
Чанъанга өз элчилерин жиберип, союздаш болуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Мындай жагдай-шарттан империялык өкмөт кандай пайда көрө алмак эле? Ал өзүнө
ыктыярдуу жаңы союздаштарды имерип алуу аркылуу, алардан түрктөр берүүдөн баш
тарткан «кызматты жана күчтү» алууну көздөгөн. Сюзеренге берилгендик принцибин
колдонуу аркылуу империялык өкмөт зор армияны түзүп, анын жардамы менен Тибетти
талкалап, арабдарды сүрүп таштап, баш ийбегендер менен нааразыларды чөгөлөтүп
отургузмак. Бирок муну ал чыгыш чек арадан бир да полкту чакырып албай туруп,
жергиликтүү кара-жаттар менен ишке ашыруусу керек эле. Империялыктар арабдар
менен тибеттиктердин талап-тоноосунан корккон Орто Азиянын бүт эли биздин
кучагыбызга кирип келет, ошондо бизге баарын жакшылап уюштуруп, тартипке келтирүү
милдети гана калат деп ойлошкон27
.
Бирок орто азиялык падышалар Империядан дегеле муну күтүшкөн эмес. Алар андан
душмандан коргоп калууну күтүшкөн. Эгерде дабандык аким карамагында бир нече
ондогон миң найзачан жоокерге ээ болгон болсо, ага ушунун өзү эле жетиштүү болмок.
Бирок анын колунда бир аз сандагы начар үйрөтүлгөн аскерлер жана союздаштарын
күчүн арабдар менен тибеттиктерге каршы күрөшкө пайдалануу жөнүндө буйрук-
көрсөтмө гана бар болучу. Бул союздаштар ошол согуштарда бардык аскердик күчүнөн
ажырагандыктан гана Кытайга кайрылышкан эмес беле28. Алар кытайлардан аскер алууну
каалашкан, ал эми Кытайда болсо алардан кошумча күчтөрдү алуу мүмкүнчүлүгүнө
үмүттөнүшкөн. Согдулар муну түшүнүшөр менен эле алардын арабдарга каршылык
көрсөтүүсү үмүтсүз нерсе катарында дароо токтотулат. Ошондо Тан империясынын өлүү
төрөлгөн лен системасы кыйрайт. Дал ошол учурда Сулу каган тарабынан калыбына
келтирилген Түргөш кагандыгы биринчи орунга чыга келет.
Кара түргөштөр. Жогоруда айтылгандай, түргөш эли эки уруудан — мукрилер
менен абарлардан куралган. VII к. эле түргөш уруулары сарылар (мукрилердин
тукумдары) жана каралар (абарлардын тукумдары) болуп экиге бөлүнүп кетишкен.
Мындагы эске ала турган нерсе, Азияда сары түс ак сөөктөрдү, кара — жөнөкөй калкты
билдирген. Мындай бөлүнүүнүн качандыр бир мезгилде негизи болсо болгондур, бирок
VIII к. ата-бабаларынан мураска калып келген өз ара ыйкы-тыйкылыктарды эске албаганда
сары жана кара түргөштөрдүн ортосундагы кандайдыр бир айырмачылыкты байкоо
мүмкүн болбой калган эле. Учжилэ менен Согэ сарыларга таандык болгон; түрктөрдүн
басып кирүүсүнөн кийин ордону кайра калыбына келтирген Сулу каралардан чыккан
болучу. Сулу өтө жөнөкөй жол менен даңкка жетишкен: «Ар бир салгылаштан түшкөн
олжону бүт бойдон карамагындагыларга бөлүп бергендиктен уруулаштары ага ыраазы
болушуп, бардык күчү менен кызмат кылышкан29». Батышта басып кирип келаткан
арабдарга каршы салгылашуу менен Сулу түрк ханы, тибеттик ценпо менен, ал эми 722-
жылы император менен дипломатиялык никелешүүлөрдү түзөт, император ага Ашина
тукумунан каныке кызды аялдыкка берет. Ал империянын армиясында кызмат өтөп
жүргөн хандардын (Хуай-дао) кызы болгон. Бул болсо ал кызды жана анын эри Сулуну
көчмөн ак сөөктөрүнүн катарына да кошкон. 737-жылга чейин бардыгы жайында болуп
турду.
Түргөш кагандыгы менен Тан империясынын ортосундагы мамилелердин хроникасы
жогоруда айтылган лен системасынын эң сонун далили болуп саналат. 717-жылы Сулу
өзүн каган деп жарыялап, арабдар менен тибеттиктер биргелешип Бохуандагы (Яка-арык)
жана Дашидеги (Ак-Суу) империялык гарнизондорго кол салат. Түрктөрдүн ханзаадасы
Ашина Хяндын өзү менен кошо карлуктарды ала келип, өз убагында кийлигишүүсүнүн
натыйжасында гана кызыл кыргын болбой калган. Бирок 718-жылы Сулу хан деген титул
жана чин алат да, кийинки жылы ал расмий түрдө империяга «берилген жана тил алчаак
хан» деп аталат30. Ушул мезгилден баштап, ал арабдарга каршы активдүү күрөш жүргүзө
баштайт. Араб документтеринде ал «кытай императорунун иниси» катарында эскерилет,
бирок муну туугандык мамиленин белгилениши катарында түшүнүүгө болбойт. Империя
менен болгон союз түргөштөрдүн оорук жагын бекемдеген, анткени алардын түндүк
коңшусу — карлуктар империялык саясаттын нугунда турган болучу.
Арабдар болсо түргөштөрдү өзүлөрүнүн союздашына айландырууга аракет жасашты,
бирок алар бул максатта исламды үгүттөп, таратуу жолу менен жетишүүгө умтулушкан.
Халиф Хишам (724—743) Сулуга үгүтчүнү жиберип, ислам динин кабыл алууну сунуш
кылат. Ислам динин алуу дегенибиз бардык мусулмандардын рухий жана граждандык
бийлик ээси катарында халифке саясий жактан баш ийүү дегенди билдирген. Сулу
халифтин элчисинин катышуусу астында аскерлерин катарга тургузуп, кароодон өткөрөт
да, андан соң котормочуга мындай дейт: «Бул элчиге түшүндүрүп кой, өз кожоюнуна
айтып барсын, бул аскерлердин ичинде чач тарачтар да, усталар да, бычмачылар да жок;
эгерде алар исламдын жол-жоболорун кабыл ала турган болушса, анда алар жашоо үчүн
каражатты кайдан алышмак?»31
.
Түргөштөрдүн ханы халифке диндештердин аларга эмне үчүн керек экендигин эң
жакшы биле тургандыгын кыйытып билгизет. Арабдар ошол учурда исламды жаңы кабыл
алгандар үчүн салык жагындагы жеңилдиктерди жоюп, мусулмандар төлөөдөн
бошотулган хараж жыйымын алууну, ошону менен бирге мусулмандарды өз
аскерлеринин курамын толуктоо үчүн пайдаланууну улантып жатышкан болучу. Анткени
менен Империя менен болгон достук жана согду дыйкандарына көрсөтүлгөн кызмат-
колдоо түргөштөргө жибек жана алтын түрүндөгү пайдаларды алып келип жатты.
Ошондуктан Сулу халифтин аскерлерине каршы бүткүл күчү менен күрөш жүргүзүп,
арабдардын андан аркы жылышын токтотуп салат.
Түргөштөрдүн күч алышы согдуларды арабдардын ырайымсыз эзүүсүнөн кутулууга
үмүттөндүрдү. 720—721-жылдарда Согдуда көтөрүлүш чыгып, аны арабдар тез эле басып
салышат. Бирок ал 724-жылы кайрадан кайталанып, бул жолу түргөштөр
көтөрүлүшчүлөргө жардамга жетип келишет. Арабдар өтө чечкиндүүлүк менен
аракеттенишет. Көтөрүлүштүн башчысы дыйкан Диваштич туткунга алынып, керилип
өлтүрүлөт. Буга карабастан түргөштөр жана аман калган көтөрүлүшчүлөр Согдудагы араб
бийлигин жок кылышат. 728-жылы гана экинчи жолку чабуулда Согду кайрадан
арабдардын колуна өтөт.
Түргөштөрдүн Согдианадагы аракеттерин талдап чыкканыбызда биз чоң
салгылаштарды да, үстөкө-босток соккуларды да, же ойлонулуп ишке ашырылган
операцияларды да көрө албадык. Түргөштөр тийди-качты согуштарды жүргүзүшкөн.
Алардын күжүрмөн атчандары арабдарга бардык жерде кол салып, аларды катуу
алсыратып турду. Согду калкынын колдоосу астында мындай тактика араб гарнизондорун
дайыма катуу чымырканган абалда кармап турду32. Арабдарга согушта жеңип алынган
шаарлар жана кол жетчү өрөөндөрдөгү коргоосуз калган кыштактар гана баш ийген.
Тоолуктардын ислам жана аны менен байланышкан салыктар жөнүндө уккулары да
келген эмес. 737-жылы Асад ибн-Абдаллах Хутталянга кол салып, бирок өзү толу
талкаланат. Ошондо согдулар боштондук күнү келди деп чечишет, алар менен бир убакта
Самарканд, Чач жана Фараб да бөлүнүп чыгышат. Мүмкүн ушул жолу алар боштондук
алышмак, бирок чыгыштагы окуялар буга тоскоолдук кылды.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   eldar96   03 Октябрь 2018 - 12:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Ашинанын каныке кызы, түргөштөрдүн жанышасы, күндөрдүн биринде бир нерсе
үчүн Кучага чабарман жөнөтөт. Өтүнүч хандык каада боюнча, буйрук түрүндө билдирилет.
Батыш аймактын акими, кытайлык Ду Сян, өтүнүчтүн буйрук катарында айтылганын
туюп: «Ашинанын кызынын мага буйрук берүүгө кандай акысы бар!» — деп жинденип,
жоопсуз калтырат. Мамилени үзүү үчүн ушул эле жетиштүү болучу. Хандын кадыр-
баркына доо кетти, талаанын «узун кулактары» кабарды бүткүл талаа аймактарына
жайылтып, хандын аброюна залал келтириши мүмкүн эле.
Кытай Ду Сян өзүнүн төрө пейилдиги жана ачуусунун чукулдугу согуштун чыгып
кетишине себепчи болот деп кайдан ойлосун. Кептин баары эле кытайлар менен
түрктөрдүн психологиясындагы айырмачылыктан келип чыкты окшойт. Кытайда Ду Сянды
жамандаган чагым кат жазылмак, бирок ал жакта байланышы бар болгондуктан ал
мындан корккон эмес; Орто Азияда болсо көтөрүлүш чыгып, Сулу тибеттиктер менен союз
түзүп, Кучаны камоого алат. Ду Сян сепилде жок эле, ал кызматынан жогорулап, Кытайга
жөнөп кеткен болучу. Анын орун басары сепилден сыртка, талаага чыкса сөзсүз
жеңилерин билип, сепилди коргоо менен гана чектелүүгө аргасыз болот. Сулу Батыш
аймактагы кытайлык колонияларды (оторлорду) талап-тоноп алып, аны кемсинткен
адамы кол жеткис алыска кетип калганын билгенден кийин Кучаны камоону токтотот.
Бирок эки фронтто салгылашуунун натыйжасында жана арабдарга каршы ийгиликсиз
күрөштөн улам Түргөш мамлекети үчүн түпкүлүгү жакшы болбоочудай абал түзүлүп калган
эле. Сулу «дүнүйө-байлыгынын жарытымдуу эместигин сезип, талап-тоноп алынган
олжолорду бүт бөлүштүрүп бербей, аз-аздан өзүнө калтыра баштайт. Ошондо анын
букаралары андан бөлүнүп кетишет»33. Бул цитатада түргөш хандыгынын бүткүл табияты
күзгүгө чагылгандай ачык көрүнөт. Демек, варварларды өз ара биригип талоончулук
жүргүзүү гана байланыштырып турган, бирок бул байланыш да кээде ата-бабалардан бери
мурасталып келе жаткан «ак сөөктөр» менен «букаралардын» ортолорундагы чыр-
чатактардан улам үзүлүп турган.
Түргөштөрдүн бүткүл күч-кубаттуулугу хандын кайрат-күчү менен гана кармалып
турган болучу. 738-жылы Сулу шал болуп калат. Ордодо көптөн бери бугуп жаткан
нааразылыктар сыртка чыгат. Чугумуней уруусунан чыккан жана Күлүг-чур34 деген титулу
бар Бага тархан (ысымы белгисиз) деген төрө түнкүсүн чатырында жаткан ханды өлтүрүп,
бийликти басып алууга аракет кылат.
Сарылар менен каралардын ортосундагы буга чейин ичтен түтөп жаткан от дүрт этип
күйүп кетет. Сарылардын башында Бага-тархан турду, ал эми башка бир Думочжи деген
төрө Сулунун уулу — Тухосянды Гучжонун ханы деп жарыялайт. Тухосянга Чүй
дарыясынын боюндагы түргөш конуштары жана Талас шаарын кайтарып турган кара
түргөштөрдөн чыккан Живэй хан баш ийди. Бага тархандын туусу астына сары
түргөштөрдөн башка да Батыш аймактын, Фергананын, Чачтын жана Кештин кошуундары,
ошондой эле, «Улуу Чөлдүү талаанын батышындагы өлкөдөгү башкы колбашчы да»36
келет. Чүй дарыясындагы салгылашта кара түргөштөр талкаланып, Тухосян туткунга
алынат. Кашкарлыктар менен ферганалыктар Таласты кыйратып, Живэй ханды өлтүрүшөт.
Сулунун бардык жесирлери жана Живэйдин жесири жеңгендердин колуна тиет.
Туткундар Кытайга жөнөтүлөт да, ал жерде аларга кең пейилдик менен кечирим берилет,
Тухосянга, ал түгүл чин да ыйгарышат. 739-жылы Империя Орто Азияда өзүнүн
гегемондугун орнотуу үчүн кайрадан аракет кылат. Сары түргөштөр болсо согдулар менен
союз түзөт, ушундан улам түргөш ак сөөктөрү согду маданиятына тартыла баштайт деп
жыйынтык чыгарсак болчудай.
Бирок империялык өкмөттүн аракетинен бул жолу эч нерсе чыккан жок. Status guonну
кайра калыбына келтирүүгө умтулуп, император «он ок элине» ханзаада Ашина Хинди
башкаруучу кылып дайындайт. Ага багынтылган түргөштөр да баш ийүүгө тийиш болучу.
Бирок сары түргөштөрдүн жолбашчысы Бага-тархан өзүн дайындоону талап кылгандыктан
ага түргөштөрдү «он ок элинен» бөлүп берет, бирок бул компромисстик саясат да оңунан
чыкпай калды. 740-жылы Кытайдан жиберилген Ашина Хин Цзюйлан шаарынын 37
жанында түргөштөрдүн кол салуусуна тушугуп, каза болот 38 . Империялыктар муну
кечиришкен жок. Кандай арга менен экени белгисиз, бирок Бага тарханды кармап
алышып, өлтүрүп салышат да, анын ордуна анын атаандашы Думочжи батыш
көчмөндөрүнүн башкаруучусу болуп дайындалат. Бирок 742-жылы кара түргөштөр Ил
Идимиш Кутлуг Билгени (кытайча Илиди Миши Гудулу Бигя) өздөрүнө хан көтөрүп
алышат, ушундан кийин империялык өкмөт аларды жайына коёт. 741-жылы Чачтын
башкаруучусу императордон арабдарга каршы аскер жиберүүнү өтүнөт. Император
өтүнүчтү аткаруудан баш тартат, анткени аскерлер анын өзүнө да башка жактарда зарыл
керек болуп турган болучу. Ушул себептүү түргөштөрдү да көңүлдүн сыртында
калтырышкан.
Ошол тапта Хорасан менен Мавераннахрдын жаңы акими Наср ибн Сейяр жаңы
аскерлерди баштап, Согдуга кирет да, Харистандын жанында 737-жылы
көтөрүлүшчүлөрдүн таш-талканын чыгарат. Ушул учурда Кучаны камалоо менен алек
болуп жаткан түргөштөрдүн жоктугу арабдарга тез ийгилик алып келди. Наср
Самаркандда, Чачта жана Фарабда каршылык көрсөткөндөрдү басып, 738-жылы бекем
чектердин орношуна жетишти, ал чектердин сыртында бороондогу деңиздей талаа толкуп
жаткан эле. Сулунун өлүмү жана түргөштөрдүн өз ара чырчатагы арабдарды сүрүп салууга
мүмкүндүк бербей, согдулардын боштондукка болгон үмүтүн да кошо өчүрдү. Орто
Азияны арабдардын басып алышы ушуну менен аяктады деп эсептесе болот.
Наср ибн Сейяр өзүнөн мурдагыларга караганда алда канча илбериңки саясатчы
болуп чыкты. Ал террордон баш тартып, 740-жылы тынчтык жарыялады. Тынчтык шарттарынын бири боюнча Наср башка диндерге жол коюу менен бирге, исламдан баш
тарткандарды да толук кечирет, анткени соңку согуштарда көптөгөн согдулар ата-
бабаларынын диний ишенимдерин кайрадан колдоно баштагандыктан, жаңы динден
баш тарткандыгы үчүн жазадан коркушуп, талаада, түргөштөрдүн жеринде баш калкалап
турушкан. Берилген кечирим (мунапыс) аларга өз мекенине кайтып келүүгө жана жаңы
бийлик менен ынтымакта жашоого мүмкүндүк берген. Согуш оңдой албаган нерсени
тынчтык жөнгө салды: Согду талаадан кол үзүп, Хорасанга баш оту менен кошулуп тынды.
Тибет-Кытай согушу. Тибет VIII к. эң согушчан өлкө болгондугун, бирок Тан
династиясынын таянычын түзүп турган кытайлык чек арачылар согушкандыгы жагынан
өзүлөрүнүн бардык коңшуларынан ашып түшкөнүн күмөнсүбөй эле айтууга болот. Согуш
алардын кесиби болгондуктан, согуш — алардын көзүнө көрүнүп турган бирден бир жолу,
т.а. жашоосунун максаты жана маңызы болгон, ал эми тибеттик койчу, жылкычылар
аскерден бошотулуп үйлөрүнө коё берилгенден кийин, мурдагы өзүлөрүнө көнүмүш
тиричилигин улантышкан. Мурдагы согушта жеңилип калгандан кийин тибеттик аскер
башчылары коргонуу чаралары менен гана, т.а. топурак чептерди куруу менен чектелип
калышкан39, анткени кытай дыйкандары тибет көчмөндөрүнөн каңдай кооптонушса,
тибеттиктер да кытай чек арачыларынан ошондой эле чоочулап турушкан. Ушул себептен
улам 731-жылы империялык колбашчы Цуй Си-мяндын тынчтык келишимди жаңыртуу
жөнүндөгү сунушун тибеттиктер кубаныч менен тосуп алышкан; бул келишим союлган ак
иттин үстүндө антташуу менен бекемделген; ишеним боюнча иттин духу
макулдашуулардын бузулбастыгын кепил болууга тийиш эле. Ушундан кийин тибеттиктер
«чек ара тараптан кооптонууну унутушуп, мал чарбачылыгы менен тиричилик жүргүзүүсүн
улантышты»40
.
Бирок мындай абал чек арачы жарды командирлерди канааттандырган эмес,
ошондуктан алардын бири коргонбой бейкут жатып калышкан тибеттиктерди оңой эле
капыстан басып талкалап салууга боло тургандыгы жөнүндө сарайга сунуш катын жөнөтөт.
Император, сыягы, күчтөрдүн катышын жакшы билбеген болуу керек, бул сунушту
жактырат41. Хэсидеги аскерлердин колбашчысына эч нерседен шек санабай тынч жаткан
тибеттиктерге кол салуу жөнүндө буйрук жөнөтөт, ал өзүнүн буга каршы болгонуна жана
мурда ант бергенине карабастан буйрукту аткарууга аргасыз болот.
737-жылдагы кол салуу ийгиликтүү болуп, тибеттиктердин каршы 738-жылы Хесиге
жасаган чабуулунун мизи кайтарылат, бирок таланттуу колбашчы уяттуу-ыймандуу да
адам болгондуктан аны анттын бузулгандыгы жөнүндөгү ой басат. Түшүнө ак иттин элеси
кирип, тынчы кетет, акыры ал «сары санаадан» 42 , же азыркыча айтканда, нерви
бузулуудан, көз жумат.
Анын ордуна келгендер ишенчээк, бирок алданган адамдардын айыгышкан
каршылыгына туш болушту. Эми Тибетке басып кирүү жөнүндө сөз да болушу керек эмес
эле; согуштун жүрүшүндө оош-кыйыш болуп турган ийгиликтер бардык аскердик
аракеттерди Көкөнөр көлүнүн айланасындагы ырайымсыз кызыл кыргынга алып келди.
Ачык, жайык жердеги согушта көп учурда империялыктар жеңишке ээ болуп турушту,
бирок сепилдерди камалоого келгенде бул алар үчүн кыйынчылыкка турган. Алсак, 749-
жылы жүздөгөн тибеттиктер коргоп турган тоодогу сепилге кол салганда алар он миңдеген адамынан ажырашкан43. Буга жооп кылып, тибеттиктер түздүктө курулган кытай
сепилин оңой эле алып, гарнизонун кырып салышкан.
Согушту бүтүрүү аны баштаганга караганда алда канча оор болуп чыкты. Түндүк менен
батышта ийгиликтерге жетишип жатканына карабастан империялык армия 751-жылга
чейин, согушта дагы бир жаңы жоо пайда болуп, күчтөрдүн тең салмагы түбүнөн тарта
өзгөргөнгө чейин Тибетте кырчылдашып жатты.
Түндүктөгү жана түштүктөгү саясий проблемаларды чечүү менен алек болуп жатып,
империялык өкмөт түштүккө көңүл бура албай калган эле. Ал жакта, Юньнанда 738-
жылдан бери Наньчжао хандыгы пайда болот. Анын эпкиндүү жетекчилери бытыранды
урууларды бириктирип, 748-жылдан баштап Кытайга көз каранды эмес абалда турушкан.
751-жылы ачык кагылышуу болду. Алтымыш миң адамдан турган Кытай армиясы бүткүл
калктын биримдиктүү каршылыгына учурап, 751-жылы Сиэр көлүнүн жанында бүт
дээрлик кырылып салынат. Наньчжаонун ханы Голофон согуштун жүрүшү башкача багыт
алып кетишинен чоочулап, жардам сурап Тибетке кайрылат. Союз түзүлүп,
тибеттиктердин колдоосунун аркасында Кытайдын жаңы армиясы 754-жылы ташы-талкан
болуп жеңилет. Андан аркы окуялар Кытайды согушту кайра баштап, хандыкты кыйратуу
мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып салгандыктан Наньчжао өз алдынчалыгын сактап кала
берет44
.
Империянын мындай чоң зыянынын орду анын Хэсидеги жетишкен ийгилиги менен
толгонсуду. 753-жылы бул аймак тибеттиктерден тазаланып, ал жерге дароо кытай
администрациясы киргизилет45
.
Тибет жана Индия. Наньчжао хандыгы Кытай мамлекетинин түштүгүндөгү токой
урууларынын карама-каршы аракеттеринин натыйжасында пайда болгон. Ал азыркы
Сычуандын түштүк бөлүгүн камтып, кытайлардын Тонкинге баруучу жолун бууп турган
эле, түштүгүндө Бенгал булунуна чейин тараган, ал жер инди маданиятынын жана
буддизмдин жагымдуу таасири астында турган.
Тибетке ыктоо да, арийне, ушундан улам келип чыккан болуу керек, анткени ушул
мамлекет гана Наньчжаого өз алдынчалыгына ээ болуп турууга жардам бере алмак.
Ошону менен бирге Наньчжао менен болгон союз тибеттиктерге Чыгыш Индияга жол
ачмак.
Өз жеңишинин бекемдигине көзү жетпөө Голофондун бүткүл саясаты үчүн мүнөздүү
көрүнүш болгон, ал өзүнүн ишмердиги баяндалган жазуусу бар таш мамыны орнотуп, өзү
кетирген жаңылыштыктарды айыптоо укугун укум-тукумдарыма калтырдым деп айткан
экен46
.
Ошол эле учурда Индиянын батыш аймагында Кашмир хандыгы күч-кубаттуу болуп
өсүп чыкты. Кашмирдин падышасы Лалитадитья Муктапида (700— 736) Пенжабды,
Канаужду, Бадахшанды каратып алып, 703-жылы Тибет менен ийгиликтүү согуш
жүргүзөт47. Бирок Индиянын өзүндөгү андан аркы окуялар Кашмирди Тибет менен
тынчтыкка келүүгө аргасыз кылды48. Дал ушул маалда буддизмдин душманы болгон
раджпуттар тарабынан Түндүк Индияны басып алуу башталган эле.Индиялык
буддачылар каршылык көрсөтүүнү уюштура алышпагандыктан брахман Кумарилла Бхата тарабынан реформаланган байыркы дин кайрадан салтанат курат. Тибет да, Кашмир да
өздөрүнүн диндештеринин өлүмүнө кайдыгер кала алышкан жок. VIII к. аягында Кашмир
падышасы Жаяпида Түндүк Индияга басып кирип, Бенгалияны жана мурда бөлүнүп кеткен
Канаужду баш ийдирет. Бул падыша «окууну колдоочу»50 деген будда титулун алат. Тибет
хроникаларында Бенгалия Ганга дарыясына чейин жеңип алынганы айтылат, бирок бул
маалыматтын белгилүү датасы жок жана окуянын жүрүшүн кайра калыбына келтирүү үчүн
өтө жардылык кылат. Бир гана нерсе ачык болгон: раджпуттардын Индияда буддизмди
куткарып калууга жасаган аракеттерге каршы айыгышкан күрөшү ийгиликтүү аяктаган
жана Тибет азиялык өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунга чыгууга умтулган түштүк чек ара
Тибет падышасын чыгыш чек арадан кем эмес кызыктырган.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   eldar96   03 Октябрь 2018 - 12:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

КАГАНДЫК ЖАНА ИМПЕРИЯ
Чымырканган иш-аракеттер. Жыл артынан жыл өткөн сайын Чанъ- андагылар
Кагандыктын катарында Империя жашай албай турганын улам көбүрөөк ачык түшүнө
беришти. Кагандыктын жашап турушунун өзү эле Тан империясынын жашап туруу
идеясын жокко чыгарып салган болучу. Жалпы азиялык империянын ордуна дубалдын
ары жагында ээликтери гана бар Кытай империясы жашап турган эле. Мыкты күжүрмөн
күчтөрдүн резервинен түндүк талаалар императордун бардык душмандарын өзүнө
тартып турган чөйрөгө айланды. Түрктөр менен уйгурларды тибеттиктер менен арабдарга
каршы согушка жиберүүнүн ордуна эми кытайлардын өздөрүнөн түрктөр менен
уйгурларга каршы армияны түзүүгө туура келди.
Кайраттуу Сюаньцзун бир чечимге келди. 742-жылы императордун жардыгы менен
Империя чырмалып калган торду кыя чаап салуу үчүн армияда реформа жүргүздү. Чек
аралык аскерлер жөнүндөгү жаңы буйрук боюнча он цзеду — чек аралык аскер гарнизону
— түзүлөт. Эгерде картага карап көрө турган болсок, алардын жайгаштырылышы өтө
кызыктуу болуп чыккандыктан мен алардын тизмесин толук келтиремин: 1. Аньси цзеду;
Батыш аймакты коргоо үчүн түзүлүп, штабы Кучада турган. 2. Бэйтин цзе-ду; түргөштөр
менен хакастарга каршы түзүлгөн, штабы Иле суусунун (Жуңгария) орто агымындагы Беш-
Балыкта турган. 3. Хэси цзе-ду; Тибет менен түрктөрдүн карым-катышын токтотуу үчүн
түзүлүп, штабы Лянчжоуфуда (Нинся провинциясы) турган. 4. Шофан цзеду; түрктөргө
каршы түзүлүп, Хуанхэнин түндук жээгиндеги Линчжоуда (Гань-су провинциясы) турган. 5.
Хэдун цзе-ду; Шофан цзе-дусун чыңдоо үчүн түзүлүп, штабы Тайюаньфуда (Ордос) турган.
6. Фаньян цзе-ду; хилер менен кидандарды ооздуктоо үчүн түзүлүп, штабы Ордостун
борборундагы Ючжоуда турган. 7. Пинлу цзе-ду; шивейлер менен мохэлерди токтотуп,
тосуп туруу үчүн түзүлүп, штабы Түштүк Маньчжуриядагы Иньчжоуда турган. 8. Лунью цзе-
ду; Тибетке каршы түзүлүп, штабы Шаньчжоуда турган. 9. Гиньнань цзе-ду; батышта —
Тибетке каршы, түштүгүндө мандар менен лаону ооздуктап туруу үчүн түзүлүп, штабы
Юньнань провинциясындагы Инчжоуда турган. 10. Өзүнчө турган пяти фу корпусу
Линнанда Лаосту ооздуктап туруу үчүн түзүлгөн.
Бул он цзе-дудан башка да үч байкоочу отряд түзүлгөн. Бардыгы болуп чек ара
кайтаруучу аскерлерде (чжень-бин) 490 миң адам1 жана 80 миң ат болгон. 713-жылга
чейин чек арачы аскерлерди кармап туруу анчалык кымбат эмес болучу, ал эми 742-
жылдан баштап, ал жыл сайын 10 200 миң түрмөк жибек кездемени жана 690 миң ху
данды талап кылган. Мынчалык зор чыгым элди сөзсүз түрдө жакырланып салмак2
. Бирок
империялык өкмөт Азияда гегемондукту өз колунда кармап туруу жана биринчи кезекте
Кагандыкты жок кылуу үчүн баарына кайыл болду. Ошол учурдагы кырдаал Империяга
ыңгайлуу болучу: Кагандыктын ичинде абал жайында эмес эле.
Түрктөр. Салыштырмалуу түрдө баары жайында болуп турган мезгилде да ыраазы
эместер болбой койбойт эмеспи. Түрк ордосунда да бийлик үчүн жана өз атаандаштарын
жок кылуу үчүн бири менен бири күрөшкөн сарайлык кликалар болгон. Билге-хан менен
анын уулу Йоллыг бектердин ээн баштыгын басып турушкан, бирок Теңир-хандын
тушунда бийликти ханыша эне, Тон-йокуктун кызы По-бег гөз колуна алат. Ордо демейки
түрк принциби боюнча түзүлгөн болучу: хан борборду, шаддар чыгыш жана батыш
канаттарды башкарган. Шаддар ханзаадалардан дайындалып, тандалма аскерлерге
колбашчылык кылышкан. Ханыша өлкөнү башкарууну өзүнүн фаворити, катардагы эле
тарханга тапшырат, бул жогорку колбашчылардын арасында күң кул туудурат.
Нааразылыктарды басып салуу үчүн ханыша өзүнүн уулун батыштын шадын өлүм
жазасына тартууга көндүрөт. Чыгыш шады Пан-күл өз аскерлери менен ордого кол салып,
ханды өлтүрүп, тактыга өлтүрүлгөн хандын уулун отургузат. Бирок Пан-күлдүн атаандашы
жабгу Кут (кытайча Гуду) жаңы ханды өлтүрүп, такка анын бир тууганын отургузат.
Династияга коркунуч туулат. Кут кайрадан өзү койгон ханды өлтүрүп (741-ж.), хандык
бийликти тартып алат. Бул мурдагы тымызын нааразылыктардын баары дүрт этип ачыкка
чыгышы үчүн себеп болуп, талаа ыраңы кызыл канга боёлгон.
Бул мезгилдеги окуялар Кытай хроникаларында өтө эле кыска жана толук эмес
баяндалган, бирок бул кемчиликти «Селеңга ташындагы»3
эстелик жазуу толуктап берди,
ал ташта уйгур ханы Моюнчурдун эрдиктери жазылып калтырылган. Анын начар
сакталганына карабастан бул өтө зор маанилүү булак болуп саналат, анткени анда ошол
мезгилде болгон окуяларга уйгурлардын көз карашы чагылдырылып турат. Уйгур ханынын
сөзү боюнча, ал түрктөргө каршы боштондук күрөшүн баштаган, бул чындыкка ылайык
болучу. Түрктөрдүн уйгурларга үстөмдүгү 50 жылдан ашыгыраак мезгил менен белгиленет
(688-жылдан 741-жылга чейин). Уйгурлардын жолбашчысы атасынан шад деген титулду
алып, 742-жылы өз элин — токуз-огуздарды чогултуп, баш коштурат4
.
742-жылы бир эле убакта уйгурлар, басмылдар жана карлуктар көтөрүлүш чыгарышат.
Кытай булактарындагы жарыбаган маалыматтарга караганда алар узурпаторго (жабгу
Кутка) кол салып, урушта аны өлтүрүшөт. Окуя дал ушундай болгон, бирок бул бүтүндөй
бир элдин кыйроо учурундагы, бүткүл кайгылуу кыйын-кыстоо учурундагы абалын
түшүнүүгө жетишерлик дарек боло алмак беле? Бактыга жараша, түрк эстелик жазуусунун
фрагменти кытай хроникасы бейкапар жазган кыйроону түшүнүүгө мүмкүндүк бере алат.
Кагандыктын батыш чек арасын тардуш бектеринин башчысы, аскер башы Күлү-чур5
коргоп турган. Ал 80 жашка барып калган эле. Ал Кутлуг Элтерис- хандын жан-жөкөрү
болгон, кийинчерек анын уулдарынын согуштук жортуулдарын коштоп жүргөн. Ал
табгачтар менен Беш-Балыктын жанында, арабдар менен Бермет дарыясында (Сыр-
Дарыя), уйгурлар менен Селеңгенын бойлорунда жана татабдар менен Хингандын тоо
этектеринде салгылашкан. Өзүнүн эрдиги үчүн ал «Ышбара» — күч-кубаттуу жана «Билге»
— акылман деп аталат. Ал тайманбас баатыр болгон.
735-жылы Күлү-чүр батыш чек аранын кожоюну болуу менен өз карьерасынын
сересине жетет. Бул кызматта ал жети жыл иштеп турат да, карлуктар көтөрүлүш
чыгарганда «атына минип, чабуулга кирип жеңип чыгат, аты өлгөндө башка бир атка
минип ... аскерди баштап жөнөйт, карлуктар ... карлуктарга ... согушту өзүнүн үйүнө
жеткенче улантат. Карлуктар аттарына миништи; ушундай аскер менен ... тору ат ...
карлуктар ... карлуктар ... Элтебер өзү келди, анын иш боюнча жана эрдик боюнча
жолдошу, Еркиндин уулу Йитянь-чур да келди ... согушта анын аскерлери салгылашты, ал
жеңди, ал эми анын эли, анын уулун жана аялын ал ... аны каганына Ышбара Билге Күлү
чур ... өлүктөр аны ушунчалык соккулашты. Ал душмандарга өзү жалгыз атырылып
чабуулга өтүп, аскерлерди аралап кирип барды, бирок өзү тепселип өлдү...»
Мында, мезгил тарабынан жемирилип-кемтилген, душмандар тарабынан бүлүнтүлгөн
эстелик жазууда өз ата-журту үчүн көк түрктөрдү ырайымсыз душманга каршы күрөшкө
көтөргөн эрдик жөнүндө кабар сакталып калган. Өтө карыган абышка жоого качырып
кирет да, атынан айрылганы менен кайратынан жазбайт. Эстелик жазуунун кемтиги
болгон менен анын үзүндү түрдөгү сөздөрүнөн, алыскы талаа мунарыгынан чыгып келген
сыяктуу караандар көзгө көрүнүп, горизонтто бардык тарапта атчандар пайда болот ...
алардын бардыгы душмандар. Түндүктө да, түштүктө да, батышта да карлуктар; чегинүү
керек, артта үй, хан бар. Бирок хан өлтүрүлүп, үй-бүлөсү колго түштү, ошондо карыган
баатыр абышка эми аяна турган эч нерсе калбаганын көрөт да, душмандарды
жиреп кирип, өзү да тебеленип-тепселип каза табат. Ал Экинчи кагандыктын
жаралышынын күбөсү болгондуктан анын кыйрап бүтүшүн көргүсү келбейт. Дал ушул
Күлү-чурга окшогон түрктөр коңшулар үчүн коркунучтуу болгон; дал ошол баатырлар
экинчи өздөрүнүн тынчын албасын үчүн ал коңшуларга каршы согушка киришкен. Бирок
бардык эле түрктөр өз колбашчысынын өрнөгүн ээрчишкен эмес. Аман калган аскерлер
уйгурлардын куугунтугу астында «кара кумдан7
ары чегинип кетишкен.
Союздаштар жеңиштен пайдаланышып, ар бири өз мамлекетин түзүшөт.
Басмылдардын жолбашчысы хан, уйгурлардын жолбашчысы — чыгыш жабгусу,
карлуктардын элтебери батыш жабгусу деп жарыяланат. Түрк бектери эси-учун
жыйнашып, Пан-Күлдүн уулун Озмыш8
деген титул менен хан көтөрүшөт. 716-жылдагы
кандуу мезгил кайрылып келди, бирок бул түрктөр эми башкача түрктөр болучу; Күл-
тегиндин муунунун колунан келген нерселер алардын уулдарынын колунан келбеди,
бирок алардын үстөмдүк жүргүзүүгө болгон дооматы сакталып кала берген. Империялык
өкмөт түрктөрдүн кыйын абалда калганын эске алып, Озмыш-ханга Империянын кол
алдына өтүүнү сунуш кылат. Озмыш-хан бул сунуштан баш тартат, бирок басмылдардын,
уйгурлар менен карлуктардын бириккен күчү аны ордону таштап качууга аргасыз кылат.
Айрым түрктөр (беш миң боз үйлүү) хандын уулунун башчылыгы астында үмүтсүз
согуштан көрө империяга баш ийип берүүнү артык көрүшөт.
Түрктөр өздөрүнүн мурдагы кандуу ийгиликтери жана бой көтөрүүчүлүгү үчүн жооп
берүүгө тийиш эле. 744-жылы басмылдар Озмыш-ханды өлтүрүшөт да, анын башын кесип
алышып, Чанъанга жөнөтүп жиберишет9
. Бирок түрктөрдүн элдешкиси келбеген бир
бөлүгү куралын таштабай, өлгөн хандын бир тууганы Баймэй-хан Кулун бекти такка
көтөрүшөт10
.
Бирок түрктөрдүн баары эле уттурулган үмүтсүз иш үчүн өлүмгө баштарын байлашкан
эмес. Алардын арасында дүрбөлөң башталат: төрөлөр «басмылдардын башчысын хан
шайлап алышат»11. Түрктөрдүн байыркы түрк даңкын өтө аздектеп, сыймыктанган бөлүгү
Баймэй-хан менен бирге калышат. 744-жылы күрөш али улантылып жаткан эле.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   egiz-jigit   08 Октябрь 2018 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 23:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: