Суперстан: Байыркы түрктөр - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Байыркы түрктөр

#61 Пользователь офлайн   egiz-jigit   11 Октябрь 2018 - 12:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Просмотр сообщения egiz-jigit (08 Октябрь 2018 - 14:44) жазган:

Анан

Буттубу Элдар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   eldar96   15 Октябрь 2018 - 15:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Кечиресинер, бир аз кол тийбей калганынан.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   eldar96   15 Октябрь 2018 - 15:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Ошол арада союздаштарын арасында чыр-чатак чыгып, уйгурлардын жолбашчысы
Пэйло басмылдарга кол салып, аларды талкалайт. Басмылдардын башчысы Седе Ишп-
кагандын12 башы алынып, Пэйлого Кутлуг-Билге жана Күл-хан деген титул берүү сунушу
менен Чанъанга жөнөтүлөт 13 . Басмылдардын талкалангандан калганын жетектеген
аксакалы Бэйтинге качат, бирок ал жерде байыр алып калуу мүмкүнчүлүгүн көрө албаган
соң, өз элин таштап, Кытайга кетип калат. Басмылдардын калганы карлуктардын
кысымынан качып, уйгурларга багынып беришет14
.
Бул кымгууттук түрктөр үчүн оңдой берди кырдаал болучу, бирок алар муну
пайдалана алышкан жок. Империядагы аскердик реформа эми өз жемишин бере
баштаган эле. Ордос тараптан келген империялык аскерлер Сахэней тоосунун жанында
түрктөрдүн сол канатына сокку уруп, апа-тархандын колбашчылыгы астында турган 11
урукту талкалайт. Баймэй-хан империялык армияны жабдып турган кытай базаларынан
алыс жаткан өз ээлигинин батыш тарабына бекинип алууга аракеттенет, бирок карлуктар
менен уйгурлар жете барышып, түрктөрдү биротоло талкалап салышат. Пэйло Баймэй-
хандын башын Чанъанга жөнөтүп, өзүн императордун вассалымын деп чечет15
.
Түрктөрдү бөрү сымал жеткен жерден кармап алышып, өлтүрүп жатышты, алардын
бөрүнүн алтын башы бар туусу эми талаа аймагынан биротоло көрүнбөй жок болду.
Тирүү калган түрктөр менен баш ийип берүүнүн шартын макулдашып алып, Билге-
хандын жесири, Тон-йокуктун кызы По-бег аларды Кытайга алып келет. Түрктөрдү чек ара
аскерлерине кошот. По-бег болсо ханыша деген титул алып, хандын тукуму катарында
казынанын багуусуна өтөт16. По-бег адамдарды куткарып калганы менен, элди куткара
алган жок. Түрктөр башка көчмөндөрдөй эле табгачтар менен аралашып, алардын
чөйрөсүнө сиңип кетишет.
Душмандарынын жазадан кутулуп кетишкенине каарданган уйгурлар кектерин
эстеликтерден чыгарышты. Алар түрк баатырларынын таш статуяларынын баштарын
кулатып түшүрүшүп, Күл-тегиндин эстелигин бырын-чырын кылып талкалап
салышкандыктан, алардын сыныктарын кайрадан чогултуп, статуяны калыбына
келтирүүгө мүмкүн болбой калган17. Алардын максаты түрктөрдү талкалоо гана болгон
эмес, андан да негизгиси — түрк элинин жана аны менен байланыштуу болгондордун
бардыгынын кайра калыбына келишине жол бербөө болгон. Уйгурлар өздөрүнүн
көздөгөн максатына жетишти — байыркы түрктөрдөн алардын аты гана калды.
Кидандар. Кидандар көк түрктөрдүн берилген союздаштары болгон, бирок
Кагандык өз жашоосун токтоткондо алардын андан ары каршылык көрсөтө берүүлөрү
маанисиз иш болуп калган эле. 745-жылы кидандардын башкы аксакалы күрөштү токтотот
да, Сунгария провинциясынын акими болуп калат.
Бирок Маньчжуриядагы чек арачы аскерлердин корпустук начальниги Ань Лушань
кидандарга кол салып, талап-тоноос уланта берет. Кыжыры келген кидандар көтөрүлүш
чыгарышканда, аны Ань Лушань басып салат. Бирок кидандардын жаңы аксакалы
каршылык көрсөтүүнү уланта берет. Кытайлар бул согуштун чыгып кетишине Ань Лушань
демилгечи болгон, анын максаты кагылышууну атайын уюштуруп, андан соң аны талкалап
көзгө көрүнгүсү келген деген пикирде болушкан. Эгер ушундай болгон күндө да, чек
аралык аскерлер согушчан уруулардан турганын, алар талоончу согуштарды
көчмөндөрдөн калышпай жакшы көрүшкөнүн, ошондуктан кагылышуулар кокустуктардан
улам жана сөзсүз түрдө чыгын турууга тийиш болучу. 751-жылы Ань Лушань алтымыш миң
аскер менен жол көрсөткүч катарында татабдарды алын, кидандарга каршы жортуулга
жөнөйт.
Узак жол жүргөндөн кийин (1000 ли = 400 кт), жаан жаап, жаалардын жиби бошоп,
атууга жарабай калат. Татабдар кидандар тарапка өтө качып, кидандар Шара-Мурэн
дарыясынын боюнда империялык аскерлерге чабуул коюп, аларды талкалап салышат18
.
754-жылы кидандар уйгурларга баш иет да, Империя биротоло Маньчжуриядан
ажырайт. Ушундан кийин чек арадагы согуштар тынчып, кагылышууларды көчмөндөр
эмес, чек арачы баш кесерлер атайылап уюштуруп турганы түшүнүктүү болуп калат.
Батыш аймак. Түрктөрдү жеңүү жана уйгурлардын үстүртөн гана көз каранды
болуп турушу Империя үчүн кымбатка турган, анткени ал түндүк тараптагы
проблемаларын чечүү менен алектенип жатканда батышта арабдар менен тибеттиктер
чыңдалып алышкан болучу. Өз күчүнө ишенген кытайлык туруктуу армия19 Орто Азиянын
түндүгүндө пайда болот.
747-жылы батыш акиминин жардамчысы, теги боюнча корей Гао Сянь-чжи Кичи
Болуйга жүрүшкө чыгат, аны Тибет ханынын күйөө баласы Сужа-Раджа башкарып турган
болучу. Гао Сянь-чжи Кичи Болуйга тоо аркылуу келип, жергиликтүү калкты паралап сатып
алат да, алардын жардамы менен Соидеги көпүрөнү кайтарып турушкан тибеттик
гарнизонду кырып салат. Болуйда Гао Сянь-чжи бардыгына жибек кездемелерди тартууга
берип, Сужаны багынып
берүүгө көндүрөт да, раджага жардамга келген тибеттиктерди сүрүп салат. Болуйда
100 адамдан турган гарнизон жайгаштырылып, тибеттиктерге Батыш аймакка өтүүгө жол
жабылат.
Гао Сянь-чжинин жиберген кабарында бул жеңиштин мааниси өтө апыртылыш
көрсөтүлөт: Фолинь [Византия], Даши [Араб халифаты], бардыгы болуп 72 ээлик
калтаарып калышты да, Кытайга багынып беришти»20 Гао Сянь-чжи Кытайдын өкмөтүн
гана эмес, өзүн өзү да алдаган эле, ал ийгиликке шыктанып, арабдарга каршы күрөшкө
бел байлайт.
Айрым согду бектери басып кирип келе жаткан мусулмандарга каршы күрөштө
жардам алабыз го деген үмүт менен Империяга таянып турушкан болучу. Бирок 748-жылы
Бэйтиндин акими, Ван Чжен-сян бухаралыктар21 менен салгылашка кирет. Анын бирден
бир жетишкен ийгилиги Ысык-Көлдөн алыс эмес жердеги Суяб шаарын ээлеп алганы
болду22. Шаар пайдубалына чейин талкаланат. Калыбы, бул жеңиш да өтө апыртылып
жиберилген окшойт, кийинчерээк Гао Сянь-чжи Чач менен Ферганага ортосундагы
кагылышка кийлигишип, ферганалыктарга кошулат да, 748-жылы Чачты басып алат23
.
Согдулар араб талоончуларына каршы жардам алуунун ордуна араб аскерлери менен
беттешүүдөн тайсалдаган кытай генералдарынын талап-тоноосуна тушугушат. Бирок
окуялардын жүрүшү колбашчылардын эркинен күчтүүрөөк болгондуктан акыры
беттешүүгө туура келди.
Согду бектерине оор учурда жардамга келишпеген кытайлар мурдагыдай эле алардан
берилгендикти талап кыла беришти. Гао Сянь-чжи чыккынчылык кылдың деген шек
боюнча Чачтын акимин камап, аны Кытайга жөнөтүп жиберет да, ал жерде өлүм жазасына
тартылат. Мынадай ырайымсыздыктын себеби бардыгына белгилүү болучу, анткени
өлүмгө тартылган бектин байлыгы империялык ач көз генералдын колуна тийген эле. Бул
окуя согдуларды биротоло арабдардын койнуна салып берди. Өлтүрүлгөн бектин уулу
Зияд ибн Салихтин мусулман кошуунун алып келип, ага өзүнүн согду досторун кошуп,
Талас шаарын курчоого алат. Гао Сянь-чжи жардамга жөнөйт, ал тарапка Империянын
вассалы карлуктардын жабгусу да өз атчандарын алып келет. Империялыктар тарабында
ферганалыктар, кашкарлыктар жана кучалыктар — бардыгы 30 миң адам катышат.
Арабдар менен согдулардын күчү белгисиз, бирок алардын саны да аз болбосо керек. Эки
армия тең 751-жылы июлда, Талас суусунун жанындагы Атлахта беттешет. Айыгышкан
салгылаш беш күнгө созулуп, байкаларлык натыйжа берген эмес. Бирок чечкиндүү учурда
карлуктар Гао Сянь-чжинин аскерлеринин тыл жагынан сокку уруп, империялыктардын
ташы-талкан болот. Гао Сянь-чжи Кытайга качып кетет24
.
Халифат бул жеңиштин жемишин пайдалана алган жок. 750-жылдагы Абу- Муслим
менен Абул Абастын Омеяддарга каршы көтөрүлүшү өлкөнүн бүткүл күчүн сарп кылды. Ал
эми Таластын жанындагы согушта жеңишке жетишкен Зияд ибн Салих көптөгөн
кутумдардын бирине катышканы билинип, башы алынат. Жеңилип калып, катуу чочулаган
кытайлар Батышты басып алуу жөнүндөгү ойлорунан баш тартышат. Империя кыйроонун
алдында турган эле.
Таластагы салгылаш Орто Азияда мусулман маданияты кытай маданиятына караганда
басымдуулук кылып турганы жөнүндөгү маселени чечип салды. Бирок бир эле
салгылаштын тагдыры бүтүндөй бир өлкөнүн өнүгүү жолун аныктай албайт эмеспи. Тан
империясы Батышка кытай маданиятын жайылтууга эмес, өзүнүн саясий үстөмдүгүн
орнотууга умтулган, бирок ал ишке ашпай турган максат болучу. Уйгур жана карлук
көчмөн хандыктарынын империяга каршылыгы жеңүүгө мүмкүн эмес каршылык болучу.
Империянын аскердик күч-кубаты 751-жылы туш тараптан соккуга туш болуп жатты:
кидандар чыгышта, тибеттиктер менен жаңыдан пайда болгон Наньчжао мамлекети
түштүктө империялыктардын талкалап салышты, ал эми Империянын өз ичиндеги карама-
каршылыктар аны көпкө узабастан кыйраткыч төңкөрүштөргө алып келип, Кытайды өз чек
арасында баш калкалап турууга аргасыз кылды. Таластагы салгылаш окуялардын узун
тизмегиндеги бир учур гана болгон.
Карлуктар. Карлуктар этностук жактан түрктөргө көбүрөөк жакын болгонуна
карабастан, алар түрктөр менен ынтымакта жашай алышкан эмес. 650-жылы түркүт-
төлөстөрдүн алтай бутагын жок кылуу учурунда карлуктар бул операцияны ишке
ашырышкан империялык корпуска колдоо көрсөтүшкөн. Бул колдоону Кытайда
букаралык катарында кабыл алышкан, бирок иш жүзүндө карлуктар Тан империясынын
курамына 657-жылы25 гана, Батыш Түрк кагандыгын жеңип алгандан кийин киришкен.
Империяга көз каранды болуу карлуктарга оорчулук келтирген эмес. Алардын
жетекчилери кытай чиндерин алышкан, ал эми калганы бүт бойдон мурда кандай болсо
ошондой бойдон кала берген. Экинчи кагандыктын тушунда карлуктар өз эркиндигин жан
аябай коргошуп, акырында алар толук жеңишке жетишкен. Гао Сянь чжинин
аскерлеринин тылынан урган соккусу Таластагы салгылаштын тагдырын чечкенине
карабастан, карлуктар Империя менен союзду сактап калгысы келген. Ошондуктан 744-
жылы империялыктарга багынып берген түрк жабгусу Абусы 752-жылы көтөрүлүш
чыгарып, Шофанды талкалашканда, 753-жылы карлуктар аларга каршы чыгышып, батыш
канатынан сокку уруп, түрк көтөрүлүшчүлөрүн толук жеңип чыккан болучу. Абусы
карлуктарга туткунга түшүп, кытайларга тапшырылып, ал жерде зынданга салынат26
.
Карлуктардын жабгусу «Алтай ханы» деп таанылат.
Ошондон тартып карлуктардын иши оңоло баштайт. Алардын жападан-жалгыз
атаандашы — Түргөш хандыгы — тынымсыз ыдырап бараткан болучу. 756-жылы сары
жана кара түргөштөрдүн ортосунда кандуу кагылыш чыгат27. Бул кагылыш түргөштөрдү
биротоло алсыратып салгандыктан, 759-жылы карлуктардын чабуулу башталганда
түргөштөр каршылык көрсөтө алышкан эмес. 766-жылга карата карлуктар Жети-Сууну,
Таласты, Чүй өрөөнүн өздөрүнө багынтып бүтүп, Батыш Теңир-Тоого чейин жетишет28
.
Түргөштөрдүн жарымы карлуктарга баш ийип, калган бир бөлүгү чыгышка ооп, уйгурларга
моюн сунуп беришти. Ошондон тартып карлуктар Орто Азияда талаа маданиятын
жападан-жалгыз коргоочулардан болуп калышкан. Алар 200 жыл бою исламдын
кысымына туруштук берип келишип, бирок 960-жылы мусулман динине өз ыктыяры
менен өтүшкөн. Кытайлар менен карлуктар алака-мамилелерди жүргүзүшкөн эмес,
калыбы, алар буга муктаж да болбосо керек.
Ошентсе да, кытайлар Батыш аймактагы «Төрт сепилди» — Кучаны, Карашаарды,
Хотанды жана Кашкарды, ошондой эле Жуңгариядагы Бэйтинди кармап калышкан.
Шатолор имераторго берилген бойдон турушту, бирок Кытайдан уйгурлар тарабынан
бөлүнүп калгандыктан жана аларга алык-салык төлөөдөн кыйналып тажашкандыктан
жеңишчи Тибетке багынып берип тынышкан29
.
Тан империясынын батыш саясаты ишке ашкан жок. Кытай менен Улуу талаа VIII к.
экинчи жарымында эки душман дүйнө катарында кайрадан бири- бирине карама-каршы
турушту.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   eldar96   15 Октябрь 2018 - 15:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

УЙГУР КАГАНДЫГЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
Уйгурлар. Уйгурлар өз дөөлөтүн түрктөргө караганда таптакыр башка негизде
курушту. Тогуз урукту токуз-огуздардын өз уруусу түздү, алар үстөмдүк кылган уруу эмес,
негизги уруу болгон. Өзүлөрүнө басмылдар менен чыгыш карлуктарды баш ийдирип,
уйгурлар аларды өзүлөрүнө тең эл катарында кабыл алышты.
Калган телелик алты уруу — бугу, хун, байырку, тоңра, сыге жана киби — укуктары
жана милдеттери боюнча токуз-огуздарга теңештирилди. Хандын ордосу Хангай менен
Орхон дарыясынын орто аралыгынан орун алды. Алардын чек арасы чыгышта Батыш
Маньчжурияны, ал эми батышта — Жуңгарияны камтып турду. Карлуктар менен
уйгурлардын ортосундагы чек ара 745-жылы согуштук кагылышуунун натыйжасында
орнойт. Түрктөр талкалангандан кийин карлуктар түргөштөр менен биригип, уйгурларга
каршы союз түзөт, бирок талкаланып калат1
. Мунун натыйжасында карлуктардын Кара
Эртиштеги чыгыш конуш жайлары Уйгур кагандыгынын курамына кирип калат.
Гобинин түштүк тарабындагы талааларды уйгурлар Империяга калтырышты. Бир аз
кийинчерээк алар өз ээликтерин түндүк-батыш тарапты карай кеңейтишет, бирок
негизинде уйгурлар жаңы территорияларга ээ болууга кызыккан эмес. Уруулардын
конфедерациясын түзгөн Уйгур кагандыгынын бүткүл структурасы хандарга көп аскер
күтүүгө жана аларды туш келди пайдаланууга мүмкүндүк берген эмес. Уруулар тынч
жашоого умтулушкан. Алар түрктөрдөн көргөн кыйноо-кыстоолордон чарчашкандыктан
бейкут турмушта ырахаттанып жашагылары келген эле. Мына ушундай маанайга ылайык
Пэйло пайдасы жок татаалдашуулардан качуу үчүн өзүн Империянын вассалымын деп
чечет. 747-жылы анын тактыны мураска алган уулу Моюнчур Гэлэ хан жыл сайын Чанъанга
элчи жиберип, тартууларды алып, Империяга лоялдуу мамиледе турат2
.
Граждандык согуш. Уйгурстанда мыйзамдуу мурасчынын, ханзаада, шад
Моюнчурдун такка отурушу эмне үчүндүр күтпөгөн жерден элдин каршылыгын туудурду.
Көтөрүлүш чыгаргандардын башында жабгу Тай Билге-тутук турган, ал бул титулду
жакында эле маркум хандын өз колунан алган болучу. «Букара калк хан тарабында болду,
бирок кээ бирөөлөр Тай Билге-тутук тарабына өтүшүп, аны каган деп жарыялашты»3
.
Көтөрүлүшчүлөргө кидандар4 менен татарлар кошулду; хан тарабында, албетте, атасынын
кошууну салгылашты деп ойлосо болот, бирок көптөгөн бектер анын душманы болуп
чыкты. Түрктөрдү жаңы эле талкалашкан ветеран аскерлер чыгышындагы коңшулары
тарабынан колдоо алышкан букара элге караганда алда канча коркунучтуу күч болучу.
Букегүктүн (?) жанындагы эки күндүк салгылашта Моюнчур кидандар менен татарларды
кууп качырып, өз уруулаштарын толук баш ийдирет. Төрөлөр катуу жазага тартылышат,
калыбы, алар өлүм жазасына тартылышса керек5
. Букара элге мунапыс берилет. Буга
карабастан хан жаңы эле журт которуп көчүп кетери менен көтөрүлүш кайрадан дүрт этип
чыгат, бул жолу да көтөрүлүшчүлөр кидандар менен татарларды жардамга чакырышат.
Бирок булар бир айга кечигип калышты. Хан ага чейин өзүнүн баш ийбеген букараларын
жеңип, жазалоо иретинде алардын малы менен аялдарын тартып алат.
Уйгур аскерлери кидандар жана татарлар менен Селеңганын түндүк-батышынан
беттешет. Уйгурлар душмандарына чабуул коюп, суунун жээгин карай сүрүп отуруп,
акыры аларды чегинүүгө аргасыз кылат. Жолдо алар экиге бөлүнүп, кидандар аман-эсен
чегинип кетишет, ал эми татарларды «Кэйре булагы менен Три-Биркүнүн» (?)6 жанында
кууп жетишип, колго түшкөн аскерлеринин жарымын кырып салышат.
Бул жүрүш менен бир эле учурда ханга өз элинин жаңыдан чыккан көтөрүлүшүн
басууга туура келет. Хандын ар кандай аракет менен компромисске умтулганын белгилеп
коюу керек. Ал колго түшкөн көтөрүлүшчүлөрдү коё берип, аларга мээримдүү чакырык
менен кайрылат: «Тай-Билге тутуктун пастыгынан, бирин-экин атактуу төрөлөрдүн
пастыгынан улам менин букара элим кырсык менен өлүмгө туш болду, бирок силер
өлбөсүңөр керек, азап чекпешиңер керек! — деп айттым мен. — Силер кайрадан мени
колдоп, өз күчүңөр менен жардамга келгиле!» Бирок ал андан ары кейиштүү түрдө
мындай дейт: «Алар келишкен жок»7
.
Көтөрүлүшчүлөр Туздуу Алтыр көлүнүн (?) жанында кайрадан талкаланып, ушундан
соң эл ичинде тынчтык орнойт.
Бул ички согуштардын себептери менен маңызы өтө эле бүдөмүк, бирок граждандык
согуштардын билерманы Фарината делли Уберти мындай учурларда «себеп болбосо бир
да жоокер өлүмгө башын байлап, салгылашка барбас эле»8
деп белгилейт; экинчи жолку
нааразылыктын айыгышкан көрүнүшү бул жерде элдин калың катмарынын
кызыкчылыгына катуу доо кеткенин айгинелеп турат.
Биз бул согушту букара калк менен ак сөөктөрдүн көрүшү катарында карай албайбыз,
анткени эстеликтеги жазуу көтөрүлүшкө жетекчилик кылууда төрөлөрдүн ролун эки жолу
баса белгилейт. Ошону менен бирге хандын аскерлери жалаң эле ак сөөктөрдөн турбаса
керек. Ошондуктан окуялардын жүрүшүнүн башка себептерин издөөбүз керек.
VII жана VIII кк. бүткүл Азия прозелиттик диндер тараган аймак болгон. Батышта
ислам, чыгышта буддизм дүркүрөп жайылып, түндүктө болсо Ирандан сүрүлүп чыккан
несториан христианчылыгы менен манихейчилик жай тапкан.
Түрк кагандыгында христиан динин үгүттөө жарыбаган гана натыйжа берди, анткени
түрктөр өз көз караштарын мамлекеттик принципке айландырып алышкан болучу, бирок
Кагандыктын кулашы жана кызыл кыргындардан аман калган калктын согуш менен
жеңиштин идеологиясынан көңүлү калуусу христиан динин үгүттөөнүн ийгиликтүү жүрүшү
үчүн түрткү (стимул) болуп чыккан. Талаа мейкиндигинде карлуктар менен басмылдар
түрктөрдун мурасчылары болуп калышты; мында басмылдар Кагандыктын калган-
каткандарын өз курамына көбүрөөк кошуп алышты9
. Дал ошол жерде христианчылык
баарынан көбүрөөк ийгиликке жетишип, басмылдар менен аргындардын укум-
тукумдарынын арасында XIII к. чейин сакталып келген10. Бирок чыгышта, уйгурлардын
арасында да, христиандар пайда болгон, аны кийинчерээк көрөбүз.
Чек ара проблемалары жана аны чечүү. Граждандык согушту жеңиш менен
аяктап, Моюнчур хан экинчи бир саясий маселени чечүүгө тийиш болду. Ал: кайсы
урууларды өз дөөлөтүнүн курамына киргизүү керек, кайсыларын анын сыртында
калтыруу керек деген маселе болучу. Талаалуу аймактын жана көчмөн турмуш-
тирчиликтин шартында бул маселе өзгөчө татаал маселеге айланган, анткени табигый
чектерге, мисалы, тоо кыркалары сыяктуу чектерге жетишүү керек болучу, бул үчүн
Саяндан түштүк тараптагы жана Алтайдан батышка кеткен жергелерде жашап турган
урууларды багындыруу зарыл эле. Мындай болбогондо уйгурлардын конуштары, өткөн
согуштар көрсөткөндөй, коңшулардын кол салуусу үчүн ачык болуп турмак.
Моюнчур буга өзүнө мүнөздүү болгон күжүрмөндүк менен киришет. 750-жылы
жазында ал Кем дарыясындагы, т.а. Эне-Сайдын жогорку агымындагы чиктерди жеңип,
алардан багынып берүүгө макулдук алууга жетишет. Ошол эле жылы күзүндө түндүк-
батыш Маньчжуриядагы татарларды багындырат. Бирок кийинки жылы түндүк-батыш
тараптагы кайсы бир уруу11 кыргыздар жана чиктер менен уйгурларга каршы күрөшүү үчүн
биригишет. Мындагы башкы коркунуч карлуктардын кыргыздар менен чиктерди
колдомок болгондугунда эле, бирок уйгурлардын бактысына жараша, алар жортуулга
чыкпай кечигип калышат. Моюнчур чиктерге каршы миңдей аскерди баштап барып,
көтөрүлүштү тез эле басып салат. Уйгурлардын анча көп эмес сандагы, буктурмада турган
аскерлери кыргыздардын тез-тез чабуул коюп, тийип-качып турган колдорун кууп
салышат, ал эми хан өзү болсо негизги күчтөрү менен Кара Эртиш12 аркылуу салдарга
отуруп өтөт да, карлуктарга сокку уруп, аларды Болчу (Урунгу) өзөнүнүн жанында
талкалайт. Бул жерде бир убактарда Күл-тегин менен Тон-йокук түргөштөрдү
талкалашкан. Бирок согуш муну менен эле бүтө койгон жок, анткени бизге белгисиз
болгон, көтөрүлүштү боштоого демилге көтөрүп чыккан топ али жок кылына элек эле.
Эстелик жазууда: он биринчи айдын 18инчи күнү деп жеңиштин датасы көрсөтүлгөн.
Уйгурлар айларды кандайча эсептешкен эле? Алар кытайча да, европалыктарча да
эсептешкен эмес, анткени эки учурда тең Эртишти он биринчи айда муз каптап турган
болучу. Бул текст В.В.Бартольддун жана П.М. Мелиоранскийдин «байыркы уйгурларда
айларды эсептөө, сыягы, кытайлардыкы менен дал келсе керек»13деген гипотезаларын
четке кагууга мүмкүндүк берет. Түрктөрдүн убакытты эсептөөсү сан менен белгиленген он
айдан гана турган, мында биринчи түрк айы кытайлык үчүнчү айга дал келген, ал эми
биринчи эки айдын улуг ай жана кичиг ай14 деген атайын аталыштары болгон. Демек, бул
да Кытайдыкына ылайык келбейт.
Перси календары менен эсептелчү Йездигерд доору (эра) да туура келбейт, анткени
мьшда жыл 15-марттан башталат, ал эми он биринчи ай — бахман — 9- январдан
башталат.
Манихейлер вавилон календарын колдонушкан, бул боюнча жылдын биринчи айы —
нисан — 3-апрелден башталып, он биринчи ай — шубат — февралга дал келет; демек, бул
календарь да туура келбейт. Бирок чыгыш христиандары, несториандар колдонуп жүргөн
сириялык календарь жылдын башталышын 1-октябрдан эсептешет, ал эми он биринчи ай
— аб — августка дал келет16. Мына ушул календарь биз белгилеген фактыга ылайык келип
отурат. Бирок, эгер ушундай болсо, анда Моюнчурдун эстелигиндеги текстти түзгөн адам
христиан динин туткан уйгур болгон, мындан уйгур элинин арасында христиан жамааты
болгон деген божомол чыгат.
Бул жоромолдо мүмкүн болбой турган эч нерсе жок. Несториандык епископтор Мерв
менен Гератта V к. бери эле белгилүү болушкан. 635-жылы христиан үгүтчүсү Алопян
Кытайга келип, ал жерде жамаат түзөт 17. Христиан көпөстөрү бир мезгилде еврей
көпөстөрү менен атаандаш болуп, акырында, Кытай менен Прованстын аралыгындагы
соода иштерин өз колдоруна алып алышкан. Соода өтө кызуу жүргүзүлгөндүктөн кытай
тили Хазарияда да белгилүү болуп калган18. Идеологиялык жана саясий окуулардын
ырааттуу системасы бар Түрк кагандыгында чет жерлик диндерге орун жок болгон, бирок
кербен жолдору жана соода шаарлары менен тыгыз байланышта болуп турган
жуңгариялык түрктөрдүн конуштарында товарлар менен кошо бүткүл дүнүйө жүзүнө
жетип, таралып жаткан идеялар да орун-очок таап турган.
Бул божомол окуялардын жүрүшүндө күтүлбөгөн ырастоону тапты. Кийинки эле 752-
жылы согуш кайрадан башталганда уйгурларга каршы коалицияга басмылдар, түргөштөр
жана «үч ыйык»19 катышкан. Бул таң калаарлык, көз көрүнө этностук эмес аталышты бир
гана жол менен түшүндүрүүгө болот: бул — Үчилтикти (Гроицаны) ыйык туткан христиан
жамааты болуп саналат. Дал мына ушулар 751-жылы чиктер менен кыргыздарды
көтөрүлүш чыгарууга түртүп, бутпарас ханга каршы катуу каршылык көрсөтүшкөн деп
ойлоого болчудай. Дал мына ушундай жагдай гана таш жазуудагы: «ал карлуктарга өз
адамын жөнөттү... Мен, тымызын түрдө ичтен дүрбөлөң саламын, ал эми силер сырттан ...
мен силер менен биригүүнү каалаймын деп айтты ал»20
, — деген тексттин маңызы
түшүнүктүү болуп чыгат.
Абал өтө оор болучу, бирок Моюнчур ветерандардан куралган аскерди кармап турган
эле. Араб тарыхчысы Кудама токуз-огуздардын ону эле жүздөгөн карлуктарды талкалап
салат деп билдирет21
.
Салгылаш Өтүкен черинде, т.а. Хангайда, Уйгурстандын жүрөгүндө болот. Союздаштар
талкаланат. Уйгурлар карлуктар менен түргөштөрдү куугунтуктап отуруп жетип, бүткүл
мал-мүлкүн тартып алышат. Булакта «Үч ыйык» жөнүндө андан ары эч нерсе айтылбайт;
сыягы, аларды бул жолу жок кылып салышса керек.
Андан ары эстеликтеги жазуу абдан бузулган. 753-жылы басмылдар менен
карлуктарга каршы айыгышкан күрөштүн улантылганы, аларга кайсы бир түрктөрдүн,
мүмкүн, 650-жылы Алтайга барып баш калкалаган бөлүгү кошулганы гана айтылат22. 755-
жылы ченде согуш уйгурлардын толук жеңиши менен аяктап, карлуктардын Саур менен
Тарбагатайга чейинки чыгыш конуштарын баш ийдиришет. Уйгурларды андан ары
батышка карай печенегдер жиберишкен эмес, ошол кезде алардын көчүп-конуп жүргөн
конуштары Төмөнкү Волгага чейин созулуп жаткан23. Бул согушчан эл өзүнүн бардык
коңшулары хазарлар, кыпчактар жана гуздар менен кагылышып турган. Ошондуктан
ырайымсыз согуш бир мүнөт да токтобой улантыла берген, бул ондой берди болуп,
уйгурларга батыштагы чек арасын орнотууга мүмкүндүк берген.
Кидандардын өз ыктыяры менен багынып бериши Уйгур кагандыгынын чыгыш чек
арасын чыңдап, ал эми Ань Лушандын көтөрүлүшү жана андан кийинки Кытайга жасаган
жүрүштөрү Кагандыктын түштүк чет-жакасын согуш олжолорунун эсебинен байытып
салды. Эми түндүк гана калды, ал жакта кыргыздар 758-жылга чейин каршылык көрсөтүп
турушту. Согушта жеңилип, багынып бергенден кийин да кыргыздар өз алдынчалыгын
жоготушкан эмес.
Алардын башчысы уйгур ханынан «Билге-тоң-эркин» 24 титулун алат, бирок бул
титулдун «кэхан» деген кошумча наамы жок болучу; калыбы, бул көз карандылыктын
кандайдыр бир түрү болсо керек, бирок аны вассалдык деп да айтууга болбойт; муну биз
эркин адамдардын (огуздардын) жамаатынан жана согушта колго түшкөн аскер
кулдардан турган коомдо феодалдык мамилелерди издөөгө негиз бербейли деп айтып
отурабыз.
Уйгурлардын түндүк жана батыш басып алуулары табигый чектерге жеткенден кийин
дароо токтотулган. Кошуп алган урууларды уйгурлардын өздөрү «меймандар» деп
аташкан; түрктөрдү жеңип чыгышканын өз дөөлөтүнүн экинчи жолу жогорулоосу
катарында карашып, «тактыда отурган хан элди балдарындай багып башкарды»25 же
«тоок жумуртка баскандай басып өстүрдү»26 деп эсептешти.

Албетте, гүлдөө жана жыргалчылык жөнүндө айтылгандар апыртуу болсо да, бул
жерде патриархалдык жашоо-турмуш бардыгын жеңип, басып алган ордого караганда
идеал катарында көрсөтүлгөндүгү маанилүү.
Уйгурлар жана алардын коңшулары. Жогоруда айтылгандай, уйгур
урууларынын конфедерациясы үстөмдүк кылуучу, туурараак айтсак, жетекчи уруу болуп
эсептелген токуз-огуздардан турган. Буларга басмылдар жана чыгыш карлуктар, алты теле
уруулары (бугу, хун, байырку, тоңра, сыге жана киби) кошулуп алынган, булар укук
жагынан тең укуктуу деп эсептелинген. Мындан башка да бир нече баш ийдирилген
уруулар кирген, алар жөнүндө кийинчерээк сөз болот. Багынтылган уруулар тогуз огуздар
уруусунан чыккан Яглакар хандын пайдасына алым (салык) төлөп турушкан. Бул уруу
союздаш урууларга салыштырганда гана эмес, «салгылаштарда дайыма алдыда
жүрүшкөн»27, эч ким тарабынан аялбаган жана камкордук көрүлбөгөн басмылдар менен
карлуктарга караганда да артыкчылыктуу абалда турган.
Эң маанилүү маселе — уйгурлардын конфедерацияга кирбеген уруулар менен
мамилеси биз бир нече жолу цитата келтирген, VIII к. таандык тибеттик географиялык
документ боюнча аныкталып отурат28
.
Бул эстелик боюнча алганда Нонни дарыясынын бойлорунда (Уйгурстандын түндүк-
чыгышы) жашаган кидандар белгилүү бир өз алдынчалыкты сактап турушкан. Алардын
жолбашчылары каган деп атала баштаган, кээде гана уйгурлар менен чатакташа калганы
болбосо, негизинен кытайлар менен болгон эски душмандашуудан улам уйгурлар менен
союздаштыкты үзүшкөн эмес.
Татабдар менен кара-кибилер 29 , т.а. киби уруусунун уйгур конфедерациясына
кирбеген болугу да ушундай эле абалда болгон. Бул уруулардан түндүгүрөөктү, Амурда
татарлар жашап турушкан, алар ал кезде негизинен балыкчылык менен кесиптенишкен,
ал эми Байкалдан ары малчылык менен кесиптенишкен долеман уруусу (бул аталышты
интерпретациялоого мүмкүн болбоду30) жашаган. Уйгурстандын түндүк чек арасында
Кыргыз хандыгы орун алып, ал уйгурларга киш терилерин салык катарында берип турган.
Кыргыздар, калыбы, 711-жылдагы талкалоодон кийин бир нече уруу болуп бөлүнүп
кетишсе керек, бул уйгурларга алар менен мамиле түзүүнү жеңилдеткен. Бирок Түштүк
Сибирде кыргыздардан башка да бир нече ири уруулар31 [йедрелердин жети уруусу
(калыбы, саян-алтай угорлору, шорлордун ата-бабалары болсо керек) жана кучугур — ку-
кижи — алтайлык лебединдер жашаган32] мекендеп, алар уйгурлар менен такай согушуп
турушкан.
Бул согуш Уйгурстанды алсыратып, уйгур хандарына абал ушундай эле оор болуп
турган чек аранын башка аймактарына көңүл топтоого мүмкүндүк берген эмес. Сибирь
тараптан келүүчү коркунучтар жөнүндө түндүктө жашаган бука буттуу, киши жегич
адамдар, өлбөс алп, адамдарга кол сала турган коркунучтуу жырткычтар жөнүндөгү
фантастикалык аңгемелер түшүнүк бере алат. Бул аңгемелердин жалпы максаты
түндүктөн келүүчү коркунучтан сактандырууну көздөгөн, бул коркунучтар жөнүндөгү
уйгурлардын баамы чындыктан алыс болгон эмес33
.
Алтайга жана андан түштүгүрөөккө тибеттик географ эки элди жайгаштырат. Алардын
бири карлуктар кире алышпай койгон бекем жерде жашайт. Ал эл Ики иль кур эркин34, т.а.
эки уруу бирикмесинин жолбашчысы деген титулу бар башчыга баш ийишкен. Булар
Түштүк Алтайдын тоолоруна баш калкалап турушкан түрктөрдүн калдыгы экени талашсыз,
алар ал жерде өздөрүнө көнүмүш болгон «толис-тардуш» системасын түзүшкөн, Телец
көлүнүн боюнда жана Чүй өрөөнүндө жашаган толис (төөлөс) жана тодош (тардуш)
сөөктөрү ошол системанын чагылышы болгон35
.
Экинчи эл — ибилкур эли, алар Күлүг-Күл-чурдун 36 түрктөрүнөн келип чыккан
чумугундар. Бул уруу VIII к. орто ченинде карлуктар менен түргөштөрдүн ортосунда
жашап турганына карабастан, чүйлүк уруулардын ичинде өз алдынчалыгын сактап турган
жападан-жалгыз эл болгон37. Бул уруунун ээлиги Тарбагатайдын батыш тарабынан орун
алган38 . Жуңгарияда бизге жакшы белгилүү басмылдар менен карлуктардан башка
байыркулар жашашкан. Калыбы, булар сансыз көп уруунун 747-жылы уйгурларга каршы
басмылдар тарабында салгылашып, кийин өз достору менен бирге байыр алып калган
кайсы бир бөлүгү окшойт39. Экинчи уруу — ограк уруусу, бул түргөштөрдөн чыгышыраак
тарапта жашаган, б.з. ч. I к. уге40 деген аталыш менен белгилүү болгон Жуңгариянын түпкү
урууларынын бири. Түргөштөр, туурасын айтканда, ушул элдин калдыгы да, уйгурлардын
берилген союздашы болгон, алар Орто Азия чөлкөмүндө үстөмдүк кылып турган
арабдарга каршы көптөн келаткан душмандык мамилесин сактап калышкан. Батышыраак
тарапта уйгурларга душман уруулар: печенегдер жана «кара атчандар»41 жайгашкан.
Буларды кара түргөштөр, тагыраак айтканда, уйгурларга өз ыктыяры менен багынып
беришпеген түргөштөр деп айтса болгудай.
VIII к. бардык жерде — чыгышта, түндүктө жана батышта уруулар улам бөлүнүп-
жарылып, майдаланып, кайрадан жаңыча түрдө биригип турушкан, анткени Иран аркылуу
талаа мейкиндиктерине келип жаткан маданият адамдардын алдына жаңы милдеттерди
коюп, аларды баш коштуруп бириктирүүнүн башкача принциптерин сунуш кылып жаткан
эле.
Диний ишенимдердин алмашуусу. Уйгур кагандыгынын түзүлүшүн шарттаган
окуялар идеологиянын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыккан деп болжолдоого болот,
анткени ошол доордо Уйгурстанда мамлекеттик дин пайда болгон, бул ички Азия учун
жаңылык эле. Хуннулар, түрктөр жана байыркы моңголдор жашоо-турмуштун, дүйнөлүк
тартиптин эреже-мыйзамынын булагы «Түбөлүктүү теңирди» аздектешип, аны
материалдык «Көк асмандан»42 айырмалашкан жана анын культун ата-бабалардын культу
менен бирдей деп эсептешкен эмес. Бул эки культ тең өзүнүн табияты боюнча
прозелиттик дин болгон эмес: Түбөлүк Теңир дегенибиз бүткүл адамзаттын көрүнүш жана
ага ишенүү бардык элдерге мүнөздүү болгон, ал эми ата-бабалардын арбагы ар бир элдин
өз ыйыгы болгон, алар башка жат ата-бабалардын арбактарын аздектөөгө тийиш эмес
болучу43. Ушуга окшогон Асман-Жер культу уйгурларда да болгон, бирок Идеген (Идигань)
хандын тушунда ал манихейчилик менен алмашьшган44
.
Уйгур христиандары граждандык согуш учурунда хандын душмандары тарабында
туруп, оор жаңылыштык кетиришкен. Алардын таасири жоголуп, натыйжада
манихейчиликке жол ачылган.
Моюнчур хан өзү эски динди туткан. Бул анын эстелигиндеги жазуудан көрүнүп турат:
«Мен жайкысын өзүмүн чытымда жашадым, ал жерде мен яка (яка якаладым»)
өткөрдүм»45. Рамстедт «яка» деген сөздү которбой калтырган, бирок анын маанисинин
бир варианты С.Е.Малов тарабынан ачылган — «төлөм», кээде «аренда»46. Бул контекстте
ийгиликтүү жүрүш үчүн ыраазылык билдирген табышууну билдирет.
Орхон эстеликтериндеги кытай тилиндеги жазууда манихейчиликти «Дэн-ли логу [юй]
Момишисйеду Дэн миши хэ Гюйлу»47 хан кабыл алган деп айтылат жана ал Ши Чао-инин
көтөрүлүшү талкалангандан кийин, т.а 763-жылдан кийин болгону белгиленет. Бул Хуай
Эндин көтөрүлүшүнүн тушунда кытай-уйгур союзунун үзүлүшү менен дал келет. Анткени
Кытайда манихейчиликтин окуусу жерилип, христианчылыкка бир аз болсо да жол
берилип турган эле, ошондуктан диний жана саясий бурулуштардын дал келүүсү
кокусунан эмес. Ошентип, биз уйгурлардын манихейизмге өтүшүн 766—767-жылдар
менен белгилей алабыз. Манихейчилик VII—VIII кк. эле бүткүл Азияда үгүттөлүп келген
болсо да, ал уйгурларда гана кабыл алынып48, андан калса уйгур хандары өздөрүнүн
Кытайдагы49 жана Орто Азиядагы50 диндештерин жигердүү колдоп турушкан.
Ошентип, Уйгурстанда идеология радикалдуу түрдө өзгөрөт. Тилекке каршы, кытай
жана араб авторлорунун маалыматтары бирин-серин, үзүндү түрдө болгондуктан бул
өзгөрүү качан жана кандай жагдай-шарттарда болгонун аныктоого мүмкүндүк бербейт.
Бирок Орхон дарыясынын өрөөнүндөгү кытай тилиндеги уйгур эстелигинде жаңы диндин
киргизилгендиги жөнүндө бир кыйла көбүрөөк жана кызыктуу даректер бар. Начар
сакталгандыгына карабастан ал биз кызыккан маселе боюнча кымбат баалуу
маалыматтарды берди, анткени, тийиштүү саптарды калыбына келтирүүгө мүмкүн
болду51. Көрсө, Идигань52 өзүнө үгүтчүлөрдү чакырып, алардын эң жогорку мыйзамчы
насаатчысына чиновниктердин алдына чыгып үгүт жүргүзүүгө мүмкүндүк бериптир. Ал
жеткен чечен экен, «анын үгүт-насыят сөздөрү аккан суудай куюлушуп тургандыктан, ал
уйгурларга чыныгы окуунун маңызын ачып берет».
Уйгур төрөлөрү «мурда адашып жүрүшкөндүгү үчүн өкүнүшүп ... бул окууну элге
жайылтып, жат жөрөлгөлөрдү өлкөнүн азыгына айландырып (азык тармагы) 53
,
канкорлуктун ээлигин жакшылыкка үндөгөн үгүт-насыяттын өлкөсүнө айландырууга
буйрук алышат».
Диний реформа ийгиликтүү ишке ашат. «Жогоркулардын жүрүш-турушун төмөнкүлөр
көрүп, [аларды] туурашат». «Ишеним падышасы»54, Вавилондогу манихей патриархын
ушундайча аташкан, бул ишти жактырып, «бардык дин кызматчыларына жана монах
аялдарга мамлекетке барып үгүт жүргүзүүгө уруксат берет».
Жувейнинин уйгурлардын жаңы динге өткөнү жөнүндө жазганы эстелик жазуунун
тексти менен толук дал келип турат. Ал уйгурларда «сыйкырчылык илими» бар экенин, ал
эми бул жагындагы адистерди «кама» деп аташарын белгилейт. Ал уйгурлардын көз
караштарынын системасын диний көз караш эмес, жин-шайтандар (инкубалар жана
суккубалар) менен байланышта болууну билдирген «турмуштук жөрөлгө-жосундар» гана
болгон деп эсептейт. Биз да муну дин эмес, сыйкырчылык (магия) деп айтаар элек.
Камдардын эл арасындагы таасири өтө зор болгон, анткени, алар оорулууларды дарылап,
эмдешкен, бал ачышкан, алардын бул жөндөмү аларга хандар менен бектердин
кеңешчиси болууга жардам берген. Бул шаманизмдин жакшы изилденген, оригиналдуу
эмес классикалык үлгүсү болгон.
Жувейни манихейлерди «туиндер», «номду» — мыйзам китептерин жакшы билген
адамдар деп атайт. «Ном» — бул фарсы сөзү, ал моңголдордо ыйык китептердин
аталышы катарында бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Көрсө, манихейди үгүттөгөн
адам Хатайдан келген экен. Жувейинин убагында Хатай деп Жети-Сууну аташкан.
Жувейниде камдар менен манихейлердин талаш-тартыштары (диспут) толук
жазылган: «... эки партия тең өз окууларын бири-бирине карама-каршы коюшту,
кайсынысы жеңип чыкса ошонусу окулууга тийиш. Номчулар өзүлөрүнүн «Ном» китебин
окушту. «Ном» — алардын билими жана догматикасы, ал ар кандай сандырак уламыштар
менен аңгемелерди камтыйт, анда бардык пайгамбарлардын окуусу менен осуяттарына
ылайык келген жакшы үгүт-насыяттар да бар; алар төмөнкүлөр: бирөөлөргө жамандык
кылбоо, адилетсиздикке жана дагы ушу сыяктууларга жол бербөө, жамандык кылганга
жакшылык кылуу, айбанаттарды кыйнап, өлтүрүүдөн сактануу ж.б. Алардын окуулары
менен ишенимдери көп кырдуу» бирок аларга жандын көчүшү жөнүндөгү окууну
тутунгандар көбүрөөк окшош... Алар «Номду» бир аз окушканда эле камдар ооз ача албай
отуруп калышты. Ушул себептен [уйгурлар] бутпарасчылыкты (манихейчиликти; анткени
шаманизмди Жувейни бутпарас дини деп да эсептейт) өздөштүрүп, уруулардын көпчүлүк
бөлүгү бул ишенимди кабыл алышты»55
.
Жувейни менен эстеликтеги жазуунун тексттери өтө жакын болуп, бир эле окуя
жөнүндө баяндап турса да, XIII к. тарыхчысы өз учурундагы Ортолук Азияда жок болуп,
күнү бүткөн манихейчиликти салтанат куруп жаткан буддизм менен бириктирип
аралаштырып салганы айдан ачык болуп турат. Манихейлик «көзү ачыктарды» ал
«туиндер» деген түрк сөзү менен атайт, ал Кытайдын tao-jen, сөзмө-сөз алганда
«(Буддалык өркүндөө) жолуна түшкөн адам» дегенди билдирет. Ал ошондой эле, өзүнө
замандаш уйгур-буддачыларды байыркы манихейлерден айырмалай албагандыктан
уйгурлар жаңы динге өтүшкөн себептүү чыгышта алар исламга көбүрөөк жек көрүмчү
жана душман болуп калышты деп көрсөтөт. Бирок башка нарративдик жана
эпиграфикалык булактар алар буддизмди эмес, манихейликти кабыл алгандыгын
аныктоого мүмкүндүк берет56
.
Бул жаңы динге өтүү канчалык тез жүргөнүн төмөнкүдөй бир фактыдан көрүүгө болот:
767-жылы эле уйгурлар кытайлардан төрт дубанда манихейлик буткананы ачууну
суранышкан57, кытайлар бул өтүнүчтү өтө каалабагандык менен аткарышкан. Башка
диндерге караганда манихейчиликтин кытайларда баарынан көбүрөөк иренжиткен жери
динчилерге үй-бүлө күтүүгө тыюу салуу менен, чогулушуп алып, бузукчулук кылууга жол
бергендиги болгон. Мындан башка да, манихейлер өздөрүнө каршы айыгышуулардын
пайда болушуна өзүлөрү себепчи болгон: алар ошол учурдагы каардуу шартта да башка
динге жол бербөөчүлүктүн үлгүсүн көрсөтүшкөн.
Бул жөнүндө эстеликтеги жазуунун текстин айтып турат: «Динсиздер
билимсиздигинен улам шайтанды будда деп аташкан»58. Бул буддачыларды шайтанга
табынгандар дебей бутпарастар деп эсептешкен христиандарга же мусулмандарга
караганда өтө ашкере айыптоочу көз караш болгон. Андан ары манихейлердин
бутканаларында Будда демондун бутун жууп отурганы көрсөтүлгөн сүрөт болгон деген
маалымат бар 59 . Албетте, буддачылар муну кулак угуп көрбөгөн маскаралоочулук
катарында кабыл алышкан.
Бул аз келгенсип, үстөмдүккө жетишкенден кийин манихейлер жеңип алышкан
атаандаштарына жакында эле өздөрүнө көрсөтүлгөн куугунтуктоо чараларын колдоно
башташат. «Жин-шайтандардын оюп-чийилген жана тартылган сүрөттөрү өрттөлүүгө
тийиш, духтарга табынып, жин-шайтандарга жүгүнгөндөр. .. бирдикте...»60. Уйгурстанда
буддачылардын тагдыры жеңил боло койбосо керек деп болжолдоого болот.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   eldar96   15 Октябрь 2018 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Манихейчиликтин салтанат курушу уйгурларды бардык коңшулары менен
нааразылаштырды: Орто Азиядагы мусулмандар, Тибеттеги буддачылар, Кытайдагы
конфуцийчилер, Кыргыз хандыгындагы бакшылар — бардыгы жаңы окууну
жапайычылык, бузулгандык катарында кабыл алышты. Жанды кыйнап
кармануу аркылуу өз денесинин кумарына каршы күрөшүү жана ашынган кумарлык
менен бузукчулукка берилүү жөнүндөгү жобону Уйгур хандыгынын өзүндөгү төмөнкү
катмарлар кабыл ала коюшпаса керек. Бирок да, «тарых мындай дейт: хуйху кэханы Мони
менен биригип бир мамлекет болуп калды»61, т.а. уйгур ханы манихейлердин жамааты
менен ушунчалык чырмалышып кеткендиктен, анын эли такты менен алтардын союзуна
айланып калды.
Уйгурстанда манихейчиликтин киргизилиши жазуунун өзгөрүшүнө алып келди—уйгур
жазуусу деп аталган жаңы алфавит пайда болду. Ал жаңы согду жазуусунун негизинде
түзүлүп, өзүнүн жөнөкөйлүгү жана ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Саптар жогортон
ылдый карай жана солдон оңго карай жазылат62. Манихей, христиан жана мусулман
тексттери, ошондой эле Турпандан келген юридикалык документтер ушул алфавит менен
жазылган; булардын эң байыркысы манихей жазуусу болуп саналат, анткени алардын
тилинин фонетикасы менен грамматикасы буддалык-уйгур жана уйгур-мусулман
жазууларына караганда орхон-эне-сай руна эстеликтериндеги жазууларга жакынга
келет63. Дата коюуга боло турган эң мурдагы текст 795-жылдагы кытайча жазылган орхон
эстелигиндеги төрт сап текст болуп саналат. Бул эстелик жазуу өтө начар сакталган, бирок
ал биз жогоруда талдап чыккан кытай тексти менен байланыштуу экени шексиз, анткени
ал ошол эле ташка чегилип жазылган64
.
Биздин колубузда Хуастуанифт деп аталган ортолук фарсы тилиндеги тобо келтирүү
дубасы, туурасын айтканда, анын манихей-сирия тилинен уйгур тилине которулган тексти
бар. С.Е. Малов котормо V к. эле ишке ашырылган деп болжолдойт, бирок бул тарыхтын
бүткүл жүрүшү тарабынан жокко чыгарылат. Уйгурлардын арасына тараган манихейчилик
VIII к. гана белгиленген жана ал түрктөргө тараган эмес. Демек, ал Улуу талаага VIII к.
экинчи жарымында, арабдар согдулардын каршылык көрсөтүүсүн басып, манихейлер
башын ала качып, гүлдөгөн оазистен жапайы талааларга кетүүгө аргасыз болгон мезгилде
тараган. Дубанын кол тамгасы бар: «Бетурмиш-тархан Хуастуанифтти — угуучулардын
күнөөлөрү жөнүндөгү дубаны окуп бүттү»65 Калыбы, Бетурмиш- тархан «көзү ачык» болсо
керек (манихейлер иерархиясындагы эң жогорку чин), мындагы өтө кызык нерсе,
манихейликти үгүттөө ак сөөктөрдүн өкүлү аркылуу жүргүзүлгөнүндө.
Бирок карапайым уйгурлар жаңы диндин кысымын башынан кечиришкен. Манихей
канону орозо кармалуучу күндөрдү белгилеп, ал күндөрдө эт жеп, сүт ичүүгө да тыюу
салынган. Уйгур койчулар менен мергенчилерге ачкадан өлбөө үчүн огород күтүүгө туура
келген. Ушундай жол менен талаада дыйканчылык тарай баштаган66
Манихейликти үгүттөөчүлөрдүн өздөрү жетишкен ийгиликтерине
канааттангандыктарын төмөнкү сөздөр менен билдиришкен: «Кандын буусу жыттанган
жапайы адатсалттардын өлкөсү—адамдары жашылча-жемиш жеген өлкөгө, канкорлуктун
өлкөсү — жакшылык иштерге умтулган өлкөгө айланды»67. Бул жалпыга жарыя кылынган
декламация чыныгы абалды чагылдырары шек туудурат. Уйгурлардын табиятынан
согушчандыгы намаз окуп, орозо кармагандан жоголуп кеткен эмес, Уйгурстандын тышкы
саясаты жигердүүлүк менен улантыша берген.
Прогресстин башталышы. Талаадагы жаңы тартип сооданын өнүгүшүнө
жагымдуу таасир тийгизди. Хроникаларда бул жөнүндө түздөн-түз эч нерсе айтылган
эмес, бирок нумизматика бул жагынан ынанымдуу маалыматтарды берет. Миң-Өзөн
ойдунунда Тан династиясынын мезгилиндеги кытай тыйындары көп табылган. 621-жылы
чегилген 45 тыйын (монета) Сибирге, калыбы, 630—680-жылдарда, түрктөр Тан
империясына баш ийип турганда алып келишсе керек. Андан кийин Экинчи кагандыктын
дооруна туура келген үзгүлтүк башталат, андан ары 758—759-жылдарга таандык 12
тыйын, андан соң IX к. чейинки мезгилге тийиштүү болгону 6 тыйын табьшган68
.
VIII к. аягында соода токтоп калган деп айтуу туура болбос эле. Тескерисинче, ал
кеңейип отурган, бирок араб жана турпан көпөстөрү кытай конкуренттерин сүрүп
салышкан болучу. Халифаттан ар бир үч жылда Миң-Өзөн ойдуңуна 20—24 төөгө
жүктөлгөн, кооз кездемелери менен соода кербени келип-кетип турган 69 . Эгерде
Уйгурстандын бир эле дубанына ушунчалык кездеме келип турган болсо, анда анын
борборуна канчасы келди дейсиңер!
Уйгурстандын ордосу эми түрк хандарынын ордолоруна окшоп, кийиз чатырлардан
(боз үйлөрдөн) турган конуш болуудан калган. Түрктөрдөн айырмаланып, уйгурлар
шаарларды кеңири кура башташат, бул ишти алар согдулар менен кытайларга
тапшырышкан. 758-жыл тушта Селеңганын боюнда Бай- Балык70 шаары курулат. Ушул
учурга жакын ченде Уйгурстандын борбору — Кара-Корумда кытайча жазуусу бар таш
мамы орнотулат71
.
Уйгурстан өтө тездик менен маданияттуу өлкөгө айлана баштайт.

АНЬ ЛУШАНДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ
Улуу Кытай. 751-жылдагы чыгыш менен батыштагы ийгиликсиз бүткөн иштер
Империяга өтө терең таасир тийгизди. 754-жылдагы жаан-чачын жана суу каптап, сел
жүрүү сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында келип чыккан алык-салыктардын
жогорулашы жана ачарчылыктан улам бүткүл өлкөнүн нааразы болгону өкмөттү анча
тынчсыздандырган эмес болучу, бирок армияны кучагына алган нааразылыктын чыгышы
өкмөттү кооптуу абалга тушуктурду 1
. Империялык армия сокку уруучу, жаа менен
куралданып, соот кийишкен атчан аскерлерден, ошондой эле, көп сандаган жардамчы
командалардан: жөө аскерлерден, киречилердин, аскерлерди тейлөөчүлөрдөн,
интенданттардан жана д.у.с. турган. Аскерлердин санынын өтө көп болушу, булардын
ичинде мына ушул согушка жөндөмсүз бөлүктөрдүн кошо эсептелип жүргөндүгү менен
түшүндүрүлөт. Бирок жардамчы командаларсыз атчан жаачылар менен соотчондор
согуша алышпас эле, анткени, эгерде, алар өз мингич аттарын өздөрү бакса, курал-
жарактарын өздөрү тазалап, отун-суусун өзүлөрү алып келишип, өзүлөрү тамак-аш
даярдашкан болсо, анда дем албай, чарчап-чаалыккан аскерлер согуш учурунда жаагы
катуу жааны кере тартууга же оор кылыч менен чабышууга анча жарамсыз болуп калаар
эле. VIII к. согуш тактикасынын шартында салгылаштын тагдырын ыңгайлуу кырдаал
чечкен. Дал ошол кырдаал үчүн армиянын сокку уруучу бөлүгүнүн бүткүл күчү
топтоштурулуп, даяр турган. Албетте, сокку уруучу армиянын көпчүлүк бөлүгү бала
чагынан ат үстүндө жаа тартып чоңойгон көчмөндөрдөн турган болучу. Бул аскерлердин
бир бөлүгү 682-жылы Ордостон Кутлуг менен бирге кетишкен, бирок алардын ордуна
келгендер да талаалыктар болучу2
. 75 жыл мурда түрктөрдү кандай максат-сезимдер
шердентсе, аларда да ошол эле максат-сезимдер шердентип турган. Алды жакта жеңиш,
сыйлыктар жана олжолор күтүп турганын сезгенде алар жан аябай эле салгылашышкан,
бирок жеңишке жетишпей турганы белгилүү болгондо, айыптууларды издей башташат да,
көп учурда өкмөттү күнөөлөшөт. Чанъандагы кытай чиновниктери жана сарай адамдары
чек арасы аскерлер үчүн жат жана жагымсыз адамдар катары эсептелген, ал эми
колбашчылар болсо көчмөндөрдөн чыккандар, т.а өз кишилер болгон. Алар узак жылдар
бою өздөрүнүн кызмат карьерасы жагынан чектелип келишкен, аларга провинциялардагы
аскерлерге колбашчылык кылууну ишенишкен эмес3
, бул алардын ар-намысына оор
тийген. Ошондуктан чек арачылардын армиясы бүт бойдон сарайга оппозицияда турган.
Чек аралык армиядан башка ордо шаардын айланасында Тан династиясына өз
учурунда кошулуп кетишкен ак сөөк үй-бүлөлөрдөн чыккан кытайлар кызмат өтөшкөн
гвардия да топтоштурулган болучу. Гвардия бир кыйла көп санда болуп жакшы
куралданганы менен согуштук салгылаштарга көнүккөн эмес эле. Ага Түндүк армия деп
аталган армия жамаатташ турган; адегенде бул армия император Тайцзундун
тарапкерлеринен туруп, 619-жылы ушул армиянын колдоосу менен такка жетишкен.
Кийинчерээк ал ветерандардын уулдары менен толукталып куралган, ошондуктан аны «Аталар менен уулдардын армиясы» деп аташкан. Сарайдагы ар бир кутумдун же
төңкөрүш жасоого болгон аракеттин оңунан чыгышы же чыкпай калышы ушул армияга
байланыштуу болгон. Түндүк армиядан башка да өз алдынча турган мансаптуу
кызматкерлерди кайтаруучу атайын атчандар корпусу да болгон, ал Ли фамилиясына
таандык болуп, согуш туткундары менен үй кулдарынан түзүлгөн.
Ошентип, ички армия өтө зор болгон, бирок анын саясий лоялдуулугу дайыма шек
туудуруп турган. Бул армия сарайга жана андагы тымызын жүрүп жаткан күрөштөргө,
ушак-айкындарга өтө эле жакын турган, кала берсе императордун жеке өзү менен да
кээде тил табыша албай калган учурлар болгон. Мисалы, 731-жылы бир катар офицерлер
өздөрүнө жогорку кызматтарды талап кылышканда, бул доомат өкмөттүн көз карашынан
алганда татыктуу эмес деп табылып, алар өзүн өзү өлтүрүүгө өкүм кылынган.
Тибет фронтундагы кыйынчылыктар императорду тышкы душмандарга каршы
согушка Түндүк армияны жиберүүгө аргасыз кылган, бирок анын ийгилиги жарытымдуу
болгон эмес. Ушуга байланыштуу VIII к4
. кытай поэзиясында чагылып калган, ушул эки
аскердик топко берилген мүнөздөмөлөрдү салыштырып көрүү орундуу болчудай.
Ду Фунун ыры генерал Ань Лушандын колбашчылыгы астындагы теги башка элден
турган туруктуу армияга арналган, анда 751-жылдагы армиянын тартиби жана күжүрмөн
маанайы жөнүндө баяндалат:
УЛУУ ДУБАЛДАН АРЫ КАРАЙ (КИДАНДАРГА) ЖОРТУУЛГА.
Жетиш үчүн тезирээк, күн батканча,
Жолго чыктык таң кулан өөк атканда
Лагерден Лояндын түбүндөгү.
Жеткен кезде чоң Хэян көпүрөгө
Кочкул тартып батыш жак күүгүмдөгү
Асабабыз жибектен желбиреди.
Тизилишип жоокерлер сап-катарга
Бирден баарын толуктап санаганча,
Кишенеген аттардын жаңырыгын
Шамал айдап таратты туш тарапка.
Чатыр тигип кумдуу түзгө жайкалтып,
Жайланышып жатып калдык тыныгып.
Жымжырттыкта үшкүрүнгөн үн чыгат,
Күү тартылса чоор үнү сыбызгып.
Түн өргүүсүн коргойт жоокер күзөтү,
Салган өңдүү көктөгү ай да көз кырын.
Жоокерлерден колбашчысын сурасын,
Жооп беришмек баары тегиз — Хо Кюй-бинь5.
Ыр 755-жылдагы ушул аскерлердин көтөрүлүшүнөн бир нече ай мурда жазылган.
Алардын колбашчысы хуннуларды жеңип даңкы чыккан хань колбашчысы менен, башка
бир ырда ак шумкар менен салыштырылат:
Кабак салып, кара түндөй түнөрүп
Ийин комдойт, алгыр шумкар түрлөнүп
Качырганын кайсап салчу сүрү бар;
Кара таандай каптап баары келсе да,
Калдаңдатып канаттарын сапырып,

Канын төгүп, талаа-түзгө чачылтып,
Кыргын салып олжосуна туйтунаар6
.
Ошол эле Ду Фу жазган 749-жылы тибеттиктерге каршы күрөшүп жаткан Гэ Шу-
Линдин армиясына жөнөтүлгөн кытай аскерлеринин сезимдери менен маанайына бул
жолу дегеле окшошпойт.
Жоокерлер «ата журту менен кайгылуу коштошуп жатышса», чиновниктер качкын
аскерлерди (дезертирлерди) сабап өлтүрүүдө. Машыгуу жүрүп жатканда «чаап
баратканда» ээрдин кашын кармабаймын деп кытай атчаны сыймыктануу менен айтат7
.
Бул талаалыктардын гана эмес, биздин да күлкүбүздү келтирет. Баракелде, жетишкендик
эмес бекен! Андан кийин колбашчыга акыл-насаат айтылат: «Ал биздин айбан эмес, адам
экенибизди билүүгө тийиш.., «бул жерде шапалактарга орун болбоого тийиш»8
. Андан
ары тоолор аркылуу жүрүүнүн кыйынчылыктары жөнүндө арыз-армандар айтылат да,
акырында душман менен болгон салгылашуу, чаалыгып кыйналган аскерлердин атчан
душмандардын чабуулунун мизин кайтарышканы баяндалат. Андан соң баян кейип-
кепчүү менен аяктайт:
Он жыл бою курал түшпөй колуман, Он жыл бою кызмат өтөп келемин. Ушунчалык
мезгил бою мен эмне Сый-урматка татыбаган бекемин9
.
Демейки эле турмуштагы окуя! Мансап, чин жана сыйлык үчүн салгылашта жоокер
дайыма жеңилип калат. Бул жерде таптакыр эки башка көрүнүш. Vlll к. кытайлар коркок
болушкан деп ойлоого болбойт, дегеле андай эмес, бирок алар түштүктүктөргө мүнөздүү
болгондой, жүүнү бош, чыдамкай эмес келишкен, аларда түрктөрдүкүндөй,
кидандардыкандай жана тоолук тибеттиктердей кайраттуулук жетишкен эмес. Кытайлар
сепилдерде коргонуу жагынан айлалуу болушканы менен, маневрлүү согуш аларга
мүнөздүү болгон эмес. Кытай аскерлери такты менен сарайга канчалык толук лоялдуу
болгон күндө да, алардын күч-кубаттуулугуна таяныч боло алмак эмес.
Ал эми сарайда абал жайында эмес болучу10. Карып калган Сюаньцзун ажарлуу кытай
кызы Янды сүйүп калат 11 . Фаворит аял мамлекеттик кызматтарга өзүнүн кытай
туугандарын коёт, натыйжада анын айланасында клика түзүлүп, ал аскер генералдарын
тактыдан биротоло четтетип сүрүп салат. Бийлик штабдардан кеңселерге
(канцелярияларга), колбашчылардын колунан евнухтардын (бычылгандардын) колуна
өтөт. Алык-салыктарга, согуштагы жеңилүүлөргө, парачылыктар менен зордук-
зомбулуктарга, өздөрүнүн сиңирген эмгегин баалабагандыгына, фаворит аялдын
туугандарынын шаан-шөкөттүү турмушуна нааразы болгондордун бардыгы Ян Гуй-Фейди
бир ооздон каргап-шилешти.

Ошентсе да, бул каргашалуу түйүндү бөлө чабууга даяр турган бир гана адам табылды
— ал адам Ань Лушань болучу12
.
Чегине жеткен оор абал. Ань Лушань Кытайга өтүп кеткен көчмөндөрдөн
чыккан. 736-жылы дивизияга башчылык кылып, согушта кидандардан жеңилип калат. Бул
үчүн өлүм жазасына буйруп, бирок императордун алдында акталып чыгат. Ань Лушанда13
түрктөргө мүнөздүү майышпастык менен кытайлык амалкөйлүк айкалышып турган, ал
кошомат кылганды да, салгылашканды да, эки жүздүүлүк кылганды да, буйрук бергенди
да бирдей жакшы билген. Сарайдагы арам тамактардын сатылгычтыгын жакшы
билгендиктен ал параны аяган эмес, ошондуктан кызмат боюнча тез эле жогорулап кете
берген.
Ошол учурда сарайда «ак сөөктөр» менен, т.а. жогорку даражалуу үй-бүлөдөн
чыккандар менен экзамен берип, чин алышкан «окумуштуулардын» ортосунда күрөш
жүрүп жаткан эле. «Окумуштуулардын» жолбашчысы, өкмөт башчы Ли Линь-фу
атаандаштарын жеңип чыгып, аскердик кызматтарга таптакыр сабатсыз көчмөндөрдөн
көтөрө баштаган болучу. Өкмөт башчысы аларды коркунучтуу эмес деп эсептеген. Дал
ушул толкун Ань Лушанды көтөрүп чыккан14. 742-жылы аскер реформасынын учурунда ал
Маньчжуриядагы Пинлиде корпусту алат; 744-жылы Ордостун борбордук бөлүгүндөгү
Фаньянда дагы бир корпусту алууга жетишет, ал эми 751-жылы Ордостун түндүгүндөгү
Хэдунда корпуска ээ болот. 754-жылы ал кавалерияны (атчан аскерлерди) калыбына
келтирип, оңдоо үчүн казыналык жылкыларды пайдалануу укугун сурап алат. Өзүнө баш
ийген дубандардын зор кирешелерин пайдаланып, Ань Лушань кидандардан,
татабдардан жана тоңра уруусунан сегиз миң жоокерди тандап алат. Ал ошондой эле,
жогоруда айтылгандай, 753-жылы кытай зынданында15 жатып өлгөн, түрк уруу аксакалы
Абусынын аман калган жан-жөкөрлөрүн өз армиясына кошуп алат.
Ань Лушанга берилген согду көпөстөрү ал тарабынан «бардык жолдор боюнча соода
жүргүзүүгө», ошону менен бирге өзүнө акча таап келүүгө жана сырттагы абал-
жагдайларды чалгындоого жөнөтүлөт. Ал кытайлык бюрократ чиновниктердин арасында
да колдоо жана жан тартууну тапкан16
.
Ань Лушандын өтө жигердүү иш-аракети, анын кол алдындагы аскерлердин
көбөйүшү, чек аралык ээликтердин бир адамдын колуна топтоштурулушу, жана да,
мүмкүн, бизге келип жетпеген тыңчылык маалыматтар министр Ян Го-чжунду Ань
Лушанга каршы сот процессин козгоого аргасыз кылат. Ань Лушань ишти териштирүүдөн
качпастан, кайра өзү борборго келип, таптаза акталып чыгат да17, 2500 офицерге атайын
сыйлыктарды сурап алууга да жетишет, бул ага ойлонуштурулуп жаткан көтөрүлүш үчүн
зарыл керек болгон. 755-жылы ал кытайлардан турган 32 жогорку офицерди өзү сунуш
кылган көчмөндөр менен алмаштырууну сурайт. Ян Го-чжундун каршылык көрсөткөнүнө
карабастан император бул өтүнүчтү канааттандырат. Бирок Ань Лушань эми мындан ары
создуктура берүүгө болбосун түшүнөт да, 755-жылы ноябрда, Хэбэй провинциясындагы
Юйяне деген жерде барабандар согулуп, Яндьга тукумдарынын таасирин жок кылууга
чакырган көтөрүлүш жарыяланат. 150 миң чек арачы аскер көтөрүлүп чыгат, мында
жоокерлер менен офицерлер бирдей толук тилектеш болушкан. Ань Лушандын
кеңешчилеринин арасында түрк ханзаадасы Ашина Чэн-цин да болгон. Ян Гуй-Фэйди
четтетүү сыяктуу өтө жупуну милдет башкы милдет эмес экенин бардыгы түшүнгөн.
Жоокерлер өз укуктарын коргоо үчүн бийликти басып алууга баратышканын, кытайлар
болсо, варварлар — хулар келе жатканын жана аларды кырып жок кылуу керек экенин
эки жактан түшүнүп турушкан. Империянын биримдиги ушинтип тигиш-тигиши боюнча
сөгүлүп калган болучу.
Өкмөт көтөрүлүшкө жооп кылып, Ань Лушандын Чаньанда жашаган уулун өлүм
жазасына тартып, көтөрүлүштү басуу үчүн биринин саны 60 миң болгон, экинчиси 110 миң
адамдан турган эки армияны жөнөтүү менен жооп берет. Эки армия тең талкаланат18
.
Ань Лушань токтоосуз түрдө борборго чабуул коёт. Чыгыш борбор — Лоян дароо эле
анын колуна өтөт. Шэнсиге, Чанъанга барчу жолду Тунгуань тоосундагы застава калкалап
турган эле, ал эми чыгышта Хэбэй менен Хэдунда кидандардын ханынын уулу Ли Гуань-би
көтөрүлүшчүлөргө каршы жигердүү коргоонууну уюштурат. 756-жылы ал козголоңчул
аскер башы Ши Сыминди жеңип чыгууга жетишет, ушундан кийин Хэбэйдин жарымы Ань
Лушанга каршы көтөрүлүп чыгышат.
Бирок Кытайдын өкмөттүк аскерлери ташы талкан болгон Ланбаодогу салгылаштан
кийин Тунгуандагы гарнизондун арасында дүрбөлөң башталып, ашууну кайтарып
турушкан аскерлер артка чегинип кетишкендиктен, козголоңчулар 756-жылы 10-июлда
Шэнсиге чабуул коюп кирип келишет.
Бирок бул жоокерлик кесиптеги аскерлердин айбанчылыктары кытай калкын, өзүлөрү
көтөрүлүшкө чейин ишенбестик менен, а түгүл жек көрүү менен мамиле жасап келген
династияны жигердүүлүк менен коргоого түрттү. 756-жылы кышындагы коллизия (карама-
каршы таламдар кагылышкан учур) Ду Фу тарабынан эң кыска жана ажайып сүрөттөлөт:
ЧЭНЬТАОНУН ЖАНЫНДАГЫ ЖЕҢИЛҮҮНҮ КОШУП ЫЙЛАЙМ
Баратышат кыштын күнү баатырлар
Салгылашка, кан төгүлгөн курулай.
Ал анткени теңдеши жок кармашта
Жоокелердин суудай аккан канынан
Кочкулданып Ченьтао көл кызарган.
Ушул жерде набыт болду көз жумуп,
Эсил кайран кырк миң жоокер кытайлык.
Канкор, өжөр душман чери жазылып,
Кан майдандын чуусу небак басылып,
Көк асманда алсыз түтүн каалгыйт.
Эсиришип мастыктан сөзгө келбей,

Келин-кызды кез келген коё бербей,
Жебелерин тазалап карга матып,
Жер жаңырта озондоп ыр ырдашып,
Баскынчылар кетишкен эбак кайтып.
Баш калаанын күйүткө күбө калкы
Кошуп ыйлайт карай түндүк тарапты.
Күнү-түнү сыйынышып зарлашат:
Балдарынын кегин алып душмандан
Баштаса деп өкмөт эми чоң казат19
.
Мындан бир аз мурда эле көкөлөтүп ырдаган армиясына акындын мамилесинин
ушунчалык кескин өзгөргөнүн карагылачы! Эми акын ал армиянын жоокерлерин
варварлар — ху деп атайт; алар дароо эле жек көрүмчү душман болуп калышты, ал эми
«500 сап ырдагы...»20 сарайга жана өкмөткө карата айтылган бардык нааразылыктар
дароо буу сыяктуу учуп жок болду. Мындай бурулуш бүткүл кытай коомунда болду,
коомчулук императордун жана сарай кликасынын жөндөмсүздүгүн көрүшүп,
козголоңчуларга каршы күрөштү өз колдоруна алышты. Бирок кытайлык патриоттордо
салгылаштарда такшалган жана жеңиштер менен шыктанган Ань Лушандын
ветерандарына каршы коё турган реалдуу күч жок эле.
Император фаворит аял менен борбор шаарды таштап кетет, бирок анын өз
гвардиясы, жеке керт башын кайтарган сакчылары ага баш ийүүдөн баш тартышты.
Окуянын андан аркы жүрүшүнө караганда алар реформаны жүргүзүүнү же династияны
алмаштырууну каалашкан эмес, бирок бардык кырсыктардын себепчиси деп эсептешкен
Ян Гуй-Фей үчүн өлгүлөрү андан бетер келген эмес.
Императорду коштоп бара жатышкан төрөлөрдүн сунушу боюнча нааразылыктардын
өртүн өчүрүү үчүн министр Ян Го-чжун өзүн өзү өлтүрүүгө буйрук алат. Парзды бекем
туткан адам болгондуктан ал жолдо асылып өлөт. Бул төрөлөрдү канааттандырат, бирок
жоокерлер Ян Гуй-Фейдин өмүрүн талап кылышып, аны императордун каретасынан
сүйрөп түшүрүшөт да, ичке жибек жип менен муунтуп өлтүрүшөт. Карып калган
императордун өзүн өз уулу Ли Хэндин (өлгөндөн кийинки титулу — Суцзун болгон)
пайдасына тактыдан баш тартууга аргасыз кылышат. Ушундай жол менен гана император
өз жанын куткарып калат.
Тактыдан баш тарткан императорду Сычуанга алып барышып, эч ким кире албаган
тоодогу сепилге жашырышат, Чанъан Ань Лушанга согушсуз багынып берет21. Борбордун
кытай калкы коркконунан туш келди качышат22
.
Чанъанда жашаган түрктөр менен тоңралар да көтөрүлүшчүлөрдөн качып кетишет.
Ханзаада Ашина Цзун-линин башчылыгы менен алар Ордос тарапка жөнөшүп, ал жактагы
көчмөндөрдү Шэнсиге, басып келаткан душмандын тылына чабуул коюуга көндүрүшөт.
Бул диверсия душмандын чабуулун токтотуп, кампаниянын тагдырын чечип, ишке жаңы
күчтөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Батыштагы корпустар тактыга берилген бойдон турушту. Шофандагы колбашчы Го
Цзы-и, Батыш аймактагы колбашчы Ли Сы-йе жана тактынын мурасчысы Ли Хэн каршылык
көрсөткөндөрдү баштап чыгышты. Бирок буларда күч аз болгондуктан, жардам сурап
коңшу өлкөлөргө дароо элчилер жөнөтүлөт. 756-жылы уйгурлар менен тибеттиктер
көтөрүлүштү басуу үчүн өз жардамдарын сунуш кылышты. Бул жолу саясий маселе жеке
кызыкчылыктар менен дал келип турду. Көтөрүлүшчүлөрдү жок кылуу императордук
армияны жок кылуу дегендик болучу, ал эми Кытайдын өз ичиндеги согушта бай
олжолорго туй тунууга да болмок. Ли Сы-йе өзүнүн туруктуу аскеринен башка да 5 миң
хотандыктарды, шато түрктөрүн жана «кара көйнөкчөн дашилерди», т.а. аббастык
арабдарды кошо алып келет. Суцзун түштүктө жарым жапайы мандарды тартат. 756-жылы
октябрда уйгурлар жүрүшкө чыгат. Моюнчур хан адегенде белгилүү бир шарттардын
негизинде гана жардам берүүгө макул экендигин билдирет, ал шарт боюнча тынчтык
келишимин түзүү жана куда-сөөк болуу сунуш кылынат. Бул келишим анын мурдагы
үстүртөн вассалдыгын жоюп, аны тең укуктуу союздаш кылмак. Жаңы император Суцзун
бардык шартты кабыл алып, өзү уйгур каныке кызга үйлөнөт да, ал аял «акылман (билге)
каныша» деген даражага көтөрүлөт. Ушундан кийин хан Ань Лушанга кошулуп кеткен
тоңра уруусун талкалайт23, ал эми 756-жылы декабрда Хуянгу өрөөнүндө Го Цзы-и менен
биригет.
Тоңра уруусундагы бөлүнүп-жарылуу көтөрүлүштүн талаа аймактарында да үндөштүк
тапканын көрсөтүп турат. Көтөрүлүш чыгарган тоңралардын башында империялык
генерал Пугу Хуай-эндин уулу Пугу Бин турган. Пугу Хуай-эн өз уулун туткунга түшүрүп
алып, аны чыккынчылыгы үчүн өлтүрөт. Граждандык согуштагы айыгышуу анын
катышуучуларынын маанайларын ашкере курчутуп жиберген болучу. Бирок тоңралардын
көтөрүлүшүнүн ийгиликсиз бүтүшү кокустук эмес эле: империялык талаа армиясын жок
кылуу Уйгур хандыгына толук көз карандысыздыкты алып келмек, ал эми бул максатка
жетүү үчүн Тан династиясын сактап калуу жана көтөрүлүштү басуу керек эле. Уйгур
хандары муну жакшы түшүнүшүп, аны ишке ашырышты.
Хан Кытайдын колбашчысын адегенде «бөрү тууга» башын ийип, таазим кылууга
мажбурлап, бул жөрөлгө-кааданы аткаргандан кийин гана кабыл алат. Кайсы бир кабыл
алуу асеминде өзүнө ыйгарылган орун үчүн нааразы болгон уйгур элчисин император
такты үстүнө киргизүүгө буйрук берип, жакшы кабыл алып, урмат-сый көрсөтөт. Ушундан
кийин жабгу (ябгу), уйгур тактысынын мурасчысы, 4 миң тандалган атчан аскерди алып
келет. Кытай тактысынын мурасчысы аны менен достошот. Куулук-шумдугу жок уйгурлар
өздөрүнө көрсөтүлгөн мындай сый-урматка көңүлдөрү жибип, канааттанышып, мээрман
кожоюнга жардам көрсөтүүгө бекем шыктанышат. Алардын иш-аракетин башкаруу үчүн
атчандардын генералы Пугу Хуай-эн дайындалат. Хуай-эн кытайларга жан тарткандыгы
үчүн өлтүрүлгөн бугу уруусунун аксакалынын уулу болгон. Киши өлтүргүч өлүм жазасына
тартылып, өлгөн аксакалдын уулуна чин берилип, кытайча тарбия алат; ал өтө таланттуу
жана ишенимдүү адам болуп чыгат24
.
Бирок чет элдиктердин жардамы кытай калкы үчүн өтө кымбатка турган. Ду Фу
мындайча жазат:
Империя гвардиясы дегендин
Кан майданда эрендиги ырастыр.
Бирок алар оңурандап бир тийип
Кудум эле өзү экен туфандын.
Улуу сууда өлүк агып күнү-түн,
Онтогонун угам кытай элимдин.
Каалагандай мазакташып кордошот,

Ансыз деле азап чегип жат элде
Туткун жүргөн кытай кызын, келинин25
.
Жалданма союздаштар душмандарды да, досторду да аяшкан жок. Алар Кытайга
баюу үчүн келишкен болучу, ошентип бул максатын бир гана талап-тоноо жолу менен
ырааттуу ишке ашырышты. Бактысыз тургундар союздаштардан көрө көтөрүлүшчүлөрдү
артык көрүштү.
Анткен менен көтөрүлүшчүлөрдүн арасында абал өз жайында болбой калган эле. Ань
Лушандын көзү көр болуп калгандыктан кыйкымчыл жана ырайымсыз болуп кеткен эле.
Ал өз карамагындагыларды, алардын өз алдынча болгусу келгендигинин кенедей эле
белгиси байкалса, мазактап, сабап, кээде өлтүрүп да салган. Бирок алар тайманбас
адамдар болушкан; 757-жылы 30- январда кеңешчи Янь Чжуан жана евнух Ли Чжу-эр
колбашчынын чатырына кирип келишип, аны өлтүрүшөт. Колбашчынын өлгөнүн алар бир
нече убакытка чейин эч кимге билгизишкен эмес. Ошол арада алар Ань Лушанды
император деп, ал эми анын кем акыл уулун мурасчы деп жарыялап, андан кийин гана
императордун өлгөнүн билдиришип, анын уулун такка көтөрүшөт. Янь Чжуан абалдын
кожоюну болуп калат.
Аңгыча өкмөт да армияны түзүүгө жетишип калган эле: уйгурлар, арабдар,
хотандыктар, шато-түрктөр жана бирмалыктар Кытайды коргошуп, Империянын туруктуу
аскерлерине каршы салгылашка чыгышат. 757-жылы сентябрда Фыншуй дарыясынын
боюнда каршылаштар беттешет. Хуай-энь уйгурларды баштап, көтөрүлүшчүлөрдүн
армиясын айланып өтүп бара жатып, буктурмага туш келет да, аны акыркы атчанына
чейин кырып жок кылган соң, душманга тылдан сокку урат. Ошол эле учурда Ли Сы-йе
хотандыктарды, арабдарды жана шатолорду баштап, көтөрүлүшчүлөрдү согуш болуп
жаткан тараптан качырып кирет. Көтөрүлүшчүлөр талкаланып, 60 миң адамынан ажырайт,
албетте, бул демейки эле апыртуу болгон, анткени кампания али аяктай эле болучу.
Эгерде козголоңчул армия өздүк курамынын 40% жоготкон күндө да мындай болмок эмес
эле. Мындагы дагы бир ойго ала турган нерсе, алардын оорук жагын кидандар менен
уйгурлардан да коргоо зарыл эле.
Ши Сымин чыгыш армияны баштап, Хэбэйди басып алып, империялык колбашчы —
кидандардын ханы Ли Гуань-бини Тайюань сепилинде курчоого алат. Сепилди камалоодо
ал көптөгөн адамдарынан ажырап, аны ала албаган соң, козголоңчулардын борбору,
көтөрүлүштүн очогу Фаньянга чегинет26. Анын көз каранды болбой өз алдынча иш
жүргүзгөнү Янь Чжуанда шектенүүнү пайда кылат. Ал Ши Сымииди байкоо үчүн бир нече
офицерин жөнөтөт. Ши Сымин тыңчыларды өтө жек көргөн. Ал келген тыңчыларды бүт
камап салат да, өзүнүн баш ийерин, Фаньян жана 80 миң жоокери менен кошуларын
билдирип Суцзунга кайрылат. Суцзун бул сунушту зор кубаныч менен кабыл алып, Ши
Сыминге даңазалуу титул ыйгарат да, аны колбашчы катарында бекитет.
Эмки кезек Хэнандагы көтөрүлүшчүлөрдү талкалоодо калды.
Фыншуйдун жанында жеңишке жетишип, Хуай-энь уйгур, араб жана бирмалык
аскерлер менен келип Чанъанды27 алат да, аңдан ары Шаньчжоуга жөнөп, Синь-дянь
конок сарайынын түбүндө козголоңчулар менен салгылашат. Бул салгылаштын
жыйынтыгы жөнүндө даректе эч нерсе айтышпайт, уялышса керек.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   eldar96   15 Октябрь 2018 - 15:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Ошол арада уйгурлардын өз алдынча аракет кылган кошууну Наньшандын түштүк
этектериндеги (калыбы, Сининдин чет-жакасы болсо керек) көтөрүлүшчүлөрдүн колун
талкалоого тапшырма алып, аны аткарат да, кайрадан түндүк тарапка жөнөйт. Ал жерде
ошол тапта Го Цзы-инин армиясы салгылашып жаткан болучу. Козголоңчулар аны
кысымга алып жаткан. Уйгурлар муну билип калышып, алардын тылынан кирип, сокку
урат. Бул күтүлбөгөн сокку аларды дүрбөлөңгө түшүрүп, козголоңчулар качып жөнөшөт.
Янь Чжуан Лоянды таштап, Ань Лушандын кем акыл уулу менен Сары дарыяны кечип өтө
качат. Ушул жерде уйгурлар Кытайга эмне үчүн келишкендигин көрсөтүштү: калкты
жапырт тоноо жана зордук-зомбулук башталат. Тургундар өз «куткаруучуларынан» будда
монастырларына кире качып жашынышат. Уйгурлар эки монастырды өрттөшүп, он
миңдей адамды өлтүрүшөт. Аларга жол көрсөтүп берген кытайлар да болгон.
Уйгурлардын колбашчыларына карыялар 10 миң түрмөк жибек тартуулашканда гана
уйгурлар талап-тоногонду токтотушуп, кайтып кетишкен. 757-жылдагы кампания
ушундайча аяктаган.
Жеңишке жетишкенден кийин Суцзун атасын борборго алып келип, бийлик менен
тактыны анын колуна өткөрүп берет. Бирок ушундан кийин дароо эле сарайда тактыны
мурастоо жөнүндөгү айың кептер, жалаа жабуулар кайрадан башталат. Ши Сыминге анын
жүрүш-турушун байкоо үчүн кайрадан тыңчылар жиберилет. Ши Сымин мындай
мамилеге чыдабай, тыңчыларды бүт өлтүрүп салат, бул болсо өкмөттөн кол үзгөндүктү
жана көтөрүлүштү кайрадан баштагандыкты билдирген.
Бул факт көтөрүлүштүн тамыры колбашчылардын мансапчылдыгында эмес экенин
көрсөтүп отурат, анткени, эгер мындай болбогондо ушунчалык жылдар бою аскерлерди
өмүр эмес өлүм үчүн болуп жаткан салгылаштарга баштап жүрүү мүмкүн болбос эле.
Калыбы, Ши Сымин гана эмес, анын бүткүл аскерлери да колуна курал алып, салгылашка
киргенге караганда ар кандай тыңчы, бакан ооздор менен чиновниктердин колуна түшүп
калуудан алда канча көбүрөөк коркушкан. Алар мунапыс берүү жөнүндөгү убадаларга
ишенишкен эмес деп ойлоого болот, ошондуктан баягыдай эле тобокелге салып, согушуп
олжо табууну артык көрүшкөн28
.
Ошентип согуш кайрадан жаңы күч менен башталды.
758-жылы уйгурлар кыргыздарга каршы жүрүш жасоо менен алек болушту, бирок
аларды бир жолку эле жүрүштө багындырып алышты. Ошол учурда козголоңчулар
кайрадан чабуулга өтүшүп, согуш аракеттери Хэнанда жүрүп жаткан болучу. Императорго
бул жолу да, союздаштарын калкка «козголоңчуларга караганда ашып түшкөн
адамгерчиликсиз»29 мамиле жасашканын билип турса да, уйгурларга жардам сурап
кайрылууга туура келет.
Кытайдын кемсиниши. Окуялар уйгурлар үчүн ондой берди болуп өтүп жатты.
Кытайды коргоо үчүн жүргүзүлгөн согушта уйгурлардын жеңип чыккандыгы үчүн аларга
жыл сайын 20 миң түрмөк жибек берип турулмак. 758-жылы император өзүнүн жашы
жете элек кызын уйгурлардын улгайып калган ханына күйөөгө берет да, анын хандык
титулун, т.а. Кытай менен Уйгурстандын теңдигин тааныйт. Император менен хан бир ата
өткөн ага-инилер делген жобо да иштелип чыгат. Хан буга ыраазы болуп, императорго 500
жылкы, киш терилерин жана ак нооту кездеме тартуу кылат; мындан башка да
козголоңчуларга каршы күрөшүү үчүн 3 миң атчан аскерин жөнөтөт.
759-жылы Го Цзы-и жана дагы тогуз колбашчы Хэнандагы Йечэн шаарындагы Ань
Лушандын уулун камалашат. Жардам келгичекти козголоңчулар бекем туруштук беришет,
аңгыча Ши Сымин да жардамга келип калат. Анын атчандары душмандын ооругунун
тынчын кетирип, жүк кирелерин колго түшүрүп, императордук армиянын шайын оодарып
салат. Акыры салгылаш да болот. Уруш кызуу жүрүп жаткан учурда бак-дарактарды
тамыры менен жулуп учурган катуу бороон — тайфун башталып, эки армияны тең
башкаруу мүмкүн болбой калат. Жоокерлер дүрбөлөңгө түшүп: көтөрүлүшчүлөр түндүк
тарапка, императордук армия түштүккө кача башташат. Тажрыйбалуу колбашчы Ши
Сымин биринчи болуп, аскерлерин тартипке келтирет да, душмандын артынан кууп
жөнөйт. Го Цзы-и өзүнүн качып кетишип, талап-тоноочулук кылып жүрүшкөн аскерлерин
чогулта албай калгандыктан Лоянды таштап, батышка кетет, Ши Сымин Ань Лушандын
кем акыл уулун өлтүрүп, 759-жылы май айында өзүн император деп жарыялайт.
Чыгыштагы империялык күчтөрдүн колбашчысы Ли Гуань-би Хэяндын алдында
козголоңчулардын шайын оодарып салат, бирок Ши Сымин аны талкалап, Хэян жана
Хуайчжоу шаарларына ээ болот. Ансыз да алсырап калган өлкөгө кайрадан бүт күчү менен
чымарканууга туура келет.
Тактыдан баш тарткан император Сюаньцзун Чанъанга кайра келгенде кытайлардын
абалы ого бетер татаалдашат, ал өзүнүн уулу, эр жүрөк Суцзунду бийликтен четтетет. Ал
падыша-ата деген титул алат да, а дегенде Лояндан орун алат, андан кийин Чанъандын
жанындагы батыш сарайга келип жайгашат. Ал башкаруу ишине жигердүүлүк менен
кийлигише баштайт, негизинен анын максаты, өз тарапкерлеринин ичинен өзүн жана
династияны куткаруу менен бирге Ян Гуй-Фейди өлтүргөндөрдү аныктап, алардын
жазасын берүү болгон. Карыганда ал өтө эле ырайымсыз болуп кеткен. Өзүнүн үч уулу
анын курманы болгон. Мындан башка да анын замандаштарынын пикири боюнча,
акылдан да ажырап, алжып калган. «Бардыгын өлтүрүп, жалгыз өзү гана жашагысы
келген»30. Ши Сыминге граждандык согуштун өчүп бараткан отун кайрадан тутандырууга
андан көбүрөөк эч ким жардам бербесе керек.
Бирок акыры козголоңчулардын чабуулу артка тартыла баштайт. Кытайлар Сычуанда
түп көтөрө мобилизацияланат. Ду Фу жаш, али дээрлик бала курактагыларды фронтко
жөнөтүп жаткандагы жан ачыткан учурларды, тейлөө кызматтарын аткаруу үчүн согушка
өз ыктыярлары менен кетип жатышкан аялдардын патриотизмин баяндап жазат. Генерал
Го Цзы-и армияга жаңы келгендерди эми шапалактын жардамысыз, шашылыш түрдө
машыктырып, жоокерлердин атабыз жана агабыз деген сөзүнө татыктуу болот31
.
759-жылы уйгурлардын ханы Моюнчур каза болот. Тактынын мурасчысы, хандын улуу
уулу кайсы бир айыбы үчүн өлүм жазасына тартылгандыктан, тактыга экинчи уулу Идигань
Мэуюй хан32 отурат. Ал Пугу Хуай-эндин кызына үйлөнгөн, бирок ал эки жыл бою Тан
династиясы үчүн күрөштө чарчап-чаалыккан кайын атасына жардамга шашылган эмес.
Ошол арада Ши Сымин да уктап жаткан жок. Йеченди жеңгенден кийин, ал батышка,
ошол учурда тибеттиктер сепилди жана Шаньчжоу шаарын басып алган тарапка жөнөйт.
761-жылы апрелде ал кутумчулар тарабынан өлтүрүлүп, козголоңчуларга аскерлерине
анын улуу уулу Ши Чао-и башчылык кылып калат. Ши Чао-и уйгур ханына императордун
каза болгонун пайдаланып, казынанын жана тактынын кымбат баалуу байлыктарын
тартып алып, ага жери менен элин гана калтыралы деген сунуш менен кайрылат. Хан
азгырылып, жүрүшкө аттанмакчы болуп жатканда Кытайдагы элчиси келип, тактыга жаңы
императордун, Дайцзундун отурганын кабарлайт, ал 757-жылы козголоңчуларды
уйгурлар менен бирге талкалашкан ханзаада болучу33
.
762-жылы уйгурлардын аскерлери жүрүшкө чыкканда, кимдер алардын курмандыгы
болорун эч ким билген эмес. Кытайда 100 миң уйгур чек арага келе жатат деген
коркунучтуу кабар тарайт. Чындыгында аларда бар болгону 4 миң адамдан турган сокку
уруучу кошуун жана 10 миң тейлөөчү-жардамчылар, кошумча жылкы үйүл өрү гана
болгон. Сүйлөшүү үчүн Пугу Хуай-энь жиберилет, ал өзүнүн күйөө баласын
козголоңчуларга каршы жүрүшкө аттанууга макулдатат 34 . Кытайларга тактынын
мурасчысы35 колбашчылык кылат да, 762-жылы жайында Шань-чжоунун түндүк тарабы
тушта уйгурлардын аскерлери менен биригет.
Хан өзүн диктатор сыяктуу кармайт. Империялык тактынын мурасчысы анын алдында
уйгурлардын башын ийип, таазим кылуу салтын аткаруудан баш тартканда, хан эки кытай
төрөсүн таяк менен өлгөнчө сабатат. Кытайлар бул кордогондук үчүн ызасын ичине катып,
унчукпай тим болушат. Уйгур-кытай аскерлери 762-жылы козголоңчуларга сокку уруп,
алардын армиясын талкалашат. Ганманын айтуусуна караганда козголоңчулардын 60 миң
адамы өлүп, 20 миңи туткунга түшөт. 20-ноябрда уйгурлар Лоянга36 кирип келишет. Ши
Чао-и Мочжоуга бекинет, бирок көп өтпөй ал жерде комендантты калтырып, кошумча күч
жыйноо үчүн кетет. Комендант сепилди Пугу Хуай-энге өткөрүп берет. Ага удаа
Фаньяндын коменданты да багынат, ошентип, козголоңчулар уттуруп отуруп калышат.
Камоодо калган жырткыч сыяктуу айласы түгөнгөн Ши Чао-и токойдо асылып өлүп, ошону
менен граждандык согуш аяктайт.
Кытайды урандылар басып жатты. Уйгурлар калкты талап-тоноп, кыштактардагы
үйлөрдү талкалашты. Калктын аман калгандары кийим-кечесинен ажырап, кагаз оронуп
калышты. Калктын саны кескин кемип кетти: 754-жылдагы каттоо боюнча Империяда 52
880 488 адам бар болсо, 764-жылы — 16 900 000 гана адам калган, бирок мындагы ойго
ала турган нерсе, дубалдын ары жагындагы ээликтердин көпчүлүк бөлүгү Кытайдан
бөлүнүп кеткен болучу. Династиянын сыймыгы болгон армия бүт бойдон жок болуп,
элдик кошуундар менен жалданма отряддар гана калат. Империя идеясы да толук
жоюлуп, эми аны ишке ашырууга күч да, каражат да, эрк да калган жок. Граждандык
согуштун натыйжа-кесепеттери жөнүндө кытайдын улуу акыны Бо Цзюй-и эң сонун
айткан:
Кан майдандын каары каптап бүткүл Сюйчжоуну,
Онтогон үн, өлүк жайнап, аба ажал жыттанган
Кызыл кыргын тогуз айда калгансыды унтулуп.
Жалгыз тигил Люгоу храм босогосунда
Бейпил гана турат каалгып мурдагыдай ак булут37
.
Тибеттиктер чыгышка бара жатышат. Ань Лушандын көтөрүлүшү тибеттиктер үчүн
оголе ондой берди болду. Жаңы монарх, өзүнүн такка отурган күнүн киши өлтүрүү менен
баштаган Тисрондецан адегенде алсыраткан согушту ардактуу тынчтык менен аяктоону
каалаган эле, бирок 755-жылдагы анын бул сунушу четке кагылган болучу38
.
Бирок бул жолу император жаңылышты, анын жаңылыштыгы Кытай үчүн кымбатка
турду. Көтөрүлүш чыгаары менен граждандык согушту жүргүзүү үчүн тибеттик чек арадан
бардык мыкты аскерлерди алып кетүүгө туура келгендиктен, тибеттиктер жети жылдын
ичинде Кытайдан батыштагы Хэси жана Лунъю областтарын оңой-олтоң эле тартып алууга
жетишти.
763-жылы алар чабуулду уланта беришти. Тибеттиктерден, тогондуктардан
(моңголдордон) жана дансылардан (таңгуттардан) турган аскерлер Шэнсиге, андан соң
камсыз жаткан борбор шаардын өзүнө келип жетет. Эки күндүк салгылаштан кийин
тибеттиктер өз союздаштары менен бирге Кытайдын аскерлерин чегинүүгө аргасыз
кылып, император таштап чыгып кеткен шаарга киришет. Чанъан таланып-тонолуп,
талкаланат; анын айлана-четинде жеңилгенден кийин туш-тушка качып кетишкен кытай
аскерлери тибеттиктерден кем эмес талоончулук кылышкан. Бирок тибеттиктер шаарды
талап-тоноп алышып, артка чегинип кетишет, бул болсо чыгыштан келген кытай
аскерлерине шаарда тартипти калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Тибеттиктердин
чегинип кетишинде чек арадагы согушчан кытай аскерлери чоң роль ойношту, алар
өздөрүнүн эзелки душманынан тибет армиясынын тылында калган Фэнсянь шаарын
сактап калышкан болучу. Жергиликтүү калктын каршылыгын тезинен басып салууга күчү
жетпегендиктен тибеттиктер Сычуанды басып алууга бет алышат. Алар адегенде
ийгиликке жетишсе да, 764-жылы түштүк кытай аскерлери аларды жеңип, чегинүүгө
аргасыз кылат39
.
Фронттордогу абал кайрадан оңоло баштаган сыяктуу болуп турганда Кытайды жаңы
көтөрүлүштөр титиретип, кайрадан кыйроонун чегине алып келип койду.
Баатырдын тагдыры. Тан династиясын колбашчы Пугу Хуай-эн сактап калганы
Кытайда бардыгына ачык белгилүү болучу. Бул варвар бек династияга берилгендик менен
кызмат кылган, күчү, эр жүрөктүүлүгү жана таланты жагынан ага эч ким теңе келе алган
эмес. Ал өзү дайыма биринчи катарда жүрүп салгылашкан. Анын кырк алты тууган-
туушканы салгылаштарда курман болушту. Ал өзүнүн уулун душманга берилип,
чыккынчылык кылгандыгы үчүн аскерлердин көз алдында өзү өлтүрөт, эки кызын
ханзаадаларга эмес, алыскы аймактагы адамдарга күйөөгө берип, өзүнүн күйөө баласын
— уйгурлардын ханын— Кытайдын борборун кайтарып алуу үчүн эки жолу салгылашка
катышууга көндүрөт. Бирок ар кимдин душманы болот эмеспи, Тайюань сепилинин
коменданты Хуай-эндин кол алдында турган уйгур аскерлерин кабыл алып, тамак-аш
берүүдөн баш тартат. Бул талаалыктардын көз карашы боюнча, ага өлүмдөн катуу кордоо
болгон, анткени бул жолу меймандостуктун ыйык салты бузулуп, Хуай-энь өзү үй ээси
катарында өз меймандарын — уйгурларды тамак-аш берип сыйлоого күчү жетпей
калбадыбы. Хуай-энь арыз менен кайрылат, борбордон ишти тергөө үчүн евнух келет.
Евнух пара алат да, Хуай-эндин чыккынчылык маанайы ачык экен деп билдирет. Бул ушак
жөнүндө угуп, Хуай-энь евнух менен комендантты өлүм жазасына тартууну талап кылат,
бирок ишти согуш бүткөнчө токтотуп коюшат да, кийин колбашчыны соттоо үчүн борборго
чакырышат. Бирок Хуай-энь кытайлардын жорук-жосунун жакшы билгендиктен, борборго
баргандан көтөрүлүш чыгарууну (764-жыл, май) артык көрөт.
Ал адегенде ийгиликке жетише алган жок, Тайюанга капыстан кол салып, басып
алууга жасалган аракеттин мизи кайтарылып, анын аскерлериндеги кытайлык бөлүгү Го
Цзы-и тарапка өтүп кетишет, бирок Пугу Хуай-энь Хуанхэден өтүп, талаалыктар менен
бириккенде ага көп сандаган аскерлер өз ыктыярлары менен кошулат, ал эми 765-жылы
ал тибеттиктер менен уйгурларды жардамга чакырат. Тигилери да, булары да чакырыкка
макул болушат. Пугу Хуай-энь өз союздаштарынын мүнөздөрүн жакшы билгендиктен,
аларды бириктирип кошпой, Чанъянга үч колоннага бөлүп жөнөтөт: түндүктөн —
даңсылар, батыштан — тибеттиктер, ал эми түштүк-батыштан тогондор чыгат; уйгурлар
резервге коюлат, алардын артынан ордос аскерлерин баштап Хуай-энь өзү жөнөйт.
Салгылашка биринчи болуп тибеттиктер кирет, бирок кытайлардын таш ыргытуучу
салмоор-машиналары менен өзү атылчу катуу жаалары алардын чабуулун токтотот. Көп
адамдарынан ажырап, тибеттиктер чегинип кетишет да, уйгурларга келип кошулушат.
Кийинки чабуул акыркы чабуул болмок. Борбордогу калкты түп көтөрө мобилизациялоого
чакырык жар салынат, бирок мобилизациялангандардын 8
/10 качып кетишкендиктен
варвардан коргонууга эч ким калбай калат. Дал ошол учурда Пугу Хуай-энь каза болот.
Анын өлүмү Кытайды куткарып кетти, анткени бири-бирине дегеле окшошпогон
урууларды анын даңазалуу ысмы гана баш коштуруп турган болучу. Тибеттиктер менен
уйгурлардын ортосундагы душмандашуу жаңы күч менен дүрт этип чыга келди. Бул
учурду көчмөндөрдүн сый-урматына татыктуу болуп калган Го Цзы-и да пайдаланууга
үлгүрөт. Ал коркпой түз эле уйгурлардын
штабына өзү келип, аларды Кытайдын императорунан кол үзбөөгө көндүрөт, бул үчүн
ал тартууларды, артыкчылыктарды убада кылат. Тибеттиктер бул сүйлөшүүлөр жөнүндө
угушуп, жамандык болчудай шектенишип, уйгурлардан бөлүнүп кетишет да, батыш
тарапка жөнөшөт; өз кезегинде тибеттиктердин мунусу уйгурларга да жакпай калат.
Уйгурлар кытай колбашчысынын сунушун кабыл алышып, түнкүсүн кол салып,
тибеттиктерди талкалап салышат40. Хуай- эндин аталаш иниси Пугу Мин-чэнь баш ийип
берип, мунапыс алып, чинге ээ болот. Хуай-эндин кызы сарайга кабыл алынып, ал жерде
каныкелердей тарбия-таалим алып, уйгур ханына күйөөгө берилет. Хуай-эндин өмүр
таржымалы сарайдагы бузукчулуктарды ашкерелөөнүн үлгүсү катарында кытай тарыхына
киргизилет. Бирок бизди башка бир нерсе: кытайлар менен талаалыктардын өз ара
түшүнүшпөгөндүгү жана жек көрүүчүлүгү кызыктырат; бул Хуай-эндин ишинде ачык
көрүндү, бирок бул түшүнбөстүк жана жек көрүүчүлүк расмий мүнөздө эмес, стихиялуу
мүнөздө болгон. Бир жагынан, эң сонун эмгек сиңирген адам, экинчи жагынан,
императордун ага карата жылуу мамилеси турса да, алардын ортолорунда
душмандыктын эч ким өтө албас туңгуюгу жаткан эле. Ушундан улам Тан династиясын
даңкка бөлөгөн талаалыктар козголоңчулардын катарында ажал таап же талаага качып,
өздөрүнүн кечээ жакындагы душмандары болгон уйгурлар менен кидандарга барып баш
калкалашкан.
Челектеги бышылган май менен суу өзүнүн салыштырма салмагы боюнча кандайча
экиге ажырап бөлүнүп кетсе, Тан империясы да ошондой эле катмарланып бөлүнүп
калгандыктан, Кытай өз алдынча болгусу келген бардык теги башка аралашмаларды жок
кылды.
Античный доордун улуу империялары мурда кандай кулаган болсо, жүз жылдан
кийин Европада Улуу Карлдын империясы кандай бөлүнүп-жарылып кеткен болсо,
«дүйнөлүк империя» да дагы бир жолу кыйрап түштү. Кутлугдун көтөрүлүшү менен
башталган мезгил Ань Лушандын жана Хуай-эндин көтөрүлүштөрү менен аяктап тынды.
Бул мезгилди борбордон качуучу жана борборго умтулуучу күчтөрдүн күрөшүнүн мезгили
деп атаса болот. Борбордон качуучу күчтөр жеңип чыкты, дал ушунун өзү Ортолук Азия
башынан өткөргөн маданий жактан өсүп-өнүгүп гүлдөөгө зор мүмкүндүк берген болучу,
тилекке каршы, бул гүлдөгөн маданият Чыңгыз хандын колбашчыларынын такаланбаган
аттарынын туяк астында тебеленип-тепселип кала берген. Бирок бул доор өз өзгөчөлүгү,
өз ритми бар жаңы доор болгон жана аны түшүнүү үчүн жаңы ачкыч керек.
Тарыхый панорама. Доор аяктап бүттү! Тан империясынын темир алкагы быт-
чытынан кетип, ошол темир алкактын ичинде бир жарым кылым бою маталып келген
элдер тарап, ар кимиси өз өнүгүү жолуна түштү. Кытайда өзүнүн, оригиналдуу маданияты
«кайрадан жаралып»41, өнүгө баштады. Тибет болсо
салтанат курууга жетишкен буддизмди өздөштүрүп, аны өз түшүнүктөрү менен
таламдарына ыңгайлаштырды. Уйгурстан манихейлик «көзү ачыктардын», несториан дин
кызматкерлеринин, будда монахтарынын жана мусулман молдолорунун үгүттөрүнө кулак
төшөшүп, жат маданияттарды ынтаалык менен өзүнө сиңирип жатты. Өткөндөгү
согуштардын канына сугарылган талаа алсыз хандардын чабал бийлиги астында
тынчтыкта жана эркинирээк жашоонун ыракатын көрө баштады.
Согдиана өлүмгө баш койду; жеңген арабдар анын кайталангыс маданиятынын
ташын-талкан кылып, эч нерсе калтырган жок; бирок анын урандысында тажик эли
калыптанып жатты, аны улуу келечек күтүп турган болучу. Батыш талаалары кыпчактар
менен карлуктардын кылычтарына баштарын тосуп багынып берди, ал эми Волгада
(Итилде) батыш түрк хандарынын тукумдары күч-кубаттуу Хазар падышалыгын түздү.
Талаа маданиятынын көчмөн салтын сактап, аздектеп отуруп, хазарлар менен карлуктар
исламдын кысымын токтотууга жетишти.
Мансурдун кайраттуу колунда бекем мыкчылган халифат жаңы күчкө ээ болду;
арабдардын уруу башчыларынын зордук-зомбулуктары токтоду; перстер бийликке
колдору жеткенден кийин Багдад халифатынын маданиятынын өнүгүшү үчүн жаңы
перспективаларды ачып берди. 756-жылы Халифаттан бөлүнүп кеткен Испанияны
кошпогондо борбордоштурулган система Гибралтардан тартып Памирге чейинки
аймактарды бириктирип турду, бирок анын келечекте кыйрап каларын эч ким алдын ала
биле алган жок.
Жеңишчил Византия арабдар менен болгарлардын кысымын токтотуп, иконага каршы
күрөштүн дүрбөлөңдү кучагында калды. Кичи азиялык маданиятка жана аскердик салтка
таяна отуруп, Константин Копроним эллинизмди акыркы изине чейин жок кылды, буга
каршы туруштук бере турган эч кандай күч да жоктой көрүндү.
Батыш Европа жогорулоо жолуна түштү: франк королу рим папасы менен биригип, ал
жерде гегемондукка жетишти. Элдердин улуу көчүнүн калдыктары — лангобарддар,
аварлар жана сакстар өздөрүнүн күнү бүтүп калса да куру бекер каршылык көрсөтүп
жатышты. Ошол тапта Улуу Карл 768-жылы такка отурары менен, өзүнөн 140 жыл мурда
Тайцзун Ли Ши-минь сыяктуу ар түрдүү уруулардан турган империяны түзүүгө киришет.
Улуу Карлдын бул аракети натыйжасыз бүтсө да, ал Европанын варварчылыктан чыгып,
оригиналдуу маданияттын кеңири жолуна түшкөндүгү менен белгиленген эле. Ал эми
Лабадан тартып Днепр менен Окага чейинки чытырман токойлордо славян уруулары күч
топтоп жатышкан, алардын келечеги али алдыда болучу. Гүлдөп-өсүп жаткан Уйгурстанды
курчап турган дүйнөлүк кырдаал ушундай болгон.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   eldar96   16 Октябрь 2018 - 12:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

ТИБЕТ VIII КЫЛЫМДА
767—781-жылдардагы согуш. Ар бир доорду изилдеп билүү үчүн өзгөчө усул
керек. Эгерде VIII к. биринчи жарымында Азиянын саясий тарыхында Тан империясынын
бардыгын өзүнө сиңирип алуу тенденциясына Түрк кагандыгынын каршылык көрсөтүп
келгени аныктоочу күч болгон болсо, Түрк кагандыгы кулап, Ань Лушандын көтөрүлүшү
басылгандан кийин Тибеттин күч алган активдүүлүгү саясий жактан басымдуулукка ээ
болуп турган эле.
Империянын армиясы Хэбэй менен Хэнандын талааларында талкаланып, түрктөрдүн
ордосу тарап жок болгондон кийин тибет аскерлери өтө коркунучтуу күч болуп калат, ага
аскерге чакырылган топураган кытай дыйкандары да, уйгурлардын көп сандаган
кошуундары да каршы тура албай калган, анын үстүнө Кытай менен Уйгурстан 765-жылы
түзүлгөн убактылуу келишимден кийин анча деле ниеттеш союздаштардан боло алышкан
эмес.
Таланттуу жана жигердүү ценпо Тисрондецан ушул кырдаалды пайдаланып, Батыш
аймакты жеңип алууну кайрадан баштайт. Бул ийгиликтүү ишке ашса, ал кербен жолдорун
өз колуна алып, Батыш менен Чыгыштын бүткүл соодасына кожоюн болуп калмак.
Мындай пайдалуу абалдан келип чыгуучу материалдык мүмкүнчүлүктөр Борбордук
Азияда мурда Түрк кагандыгы кандай үстөмдүк абалга ээ болуп келсе, Тибетке да
ошондой эле абалга ээ болууга мүмкүндүк бермек.
Тибеттиктер түштүк тарапка да мындан кем эмес активдүүлүк менен умтулуп
жатышты, алар ал жакта кандаш тууганы болгон жана Кытайга көз каранды эместигин
сактап тургусу келген Наньчжао падышачылыгынын колдоосуна таянган. Бул анчалык чоң
эмес, бирок тың мамлекет болгон, анын башкаруучуларынын туткан багыты же
тибеттиктердин ийгиликтүү жылышын же болбосо түштүк Кытай провинцияларынын
толук тынчтыгын камсыз кылмак. Бул тараптагы ийгилик дипломатияга байланыштуу
болмок.
767-жылы күзүндө жыйырма миң аскерден турган тибет армиясы Хуанхэнин агымы
менен ылдый түндүк тарапка жөнөп, Линчжоу сепилин курчоого алат. Го Цзы-и 30 миң
кишилик тандалма армиясы менен тибеттиктерди артка сүрүп салат. Бирок алар бир аз
гана жоготуулар менен чегинип кетишет да, кийинки жылы Линчжоуну кайрадан курчоого
алат. Кытайларды бул жолу тибеттик башкы колбашчынын «карыганына»1
байланыштуу
иштен бошоп кетиши куткарып калат. Бул жерде колбашчынын карылыгы шылтоо гана
болсо керек, ал эми чечүүчү ролду Тисрондецандын сарайындагы партиялардын күрөшү
ойногон деп ойлоого болот. Бирок кандай болгон күндө да, жаңы башкы колбашчы
чабуулдун багытын өзгөртүп, талаага айланып өтүп баруунун ордуна, фронттун борбордук
бөлүгүнө, т.а. Шэнси провинциясына (Хачжоу, Лунси, Биньчжоу жана Нинчжоу) сокку урат.
Бирок ал жакта калк Цин падышачылыгынын баш кесерлеринин тукумдарынан,
тибеттиктердин ашынган душмандары болгон чек арачы кытайлардан турган эле.
Алардын жардамы менен туруктуу кытай аскерлери калк арасында таянычы болбогон
тибеттиктерди эки жолу талкалап салышат. Он миң адамдан турган тибеттик армиянын
Түштүк Кытайга басып кириши да ийгиликсиз болуп чыгат. Ошентип, түз келип маңдайдан
соккуу уруу стратегиясы өзүн актай алган жок.
773-жылы 60 миң тибеттик атчандар түндүк Ганьсуга басып кирип, талаадагы
эгиндерди тебелеп жок кылып кетишет. Андан кийин алар кайрадан борбордук фронтко
чабуул коюшат. Эки кытай армиясы катуу бүлүнгөнү менен кайрадан оңолуп, чабуул коюп,
тибеттиктерди сүрүп салышат. Чегинип баратканда тибеттиктер бүт олжолорунан,
туткундарынан кошо ажырап калышат. Мурдагы граждандык согуштан алсыраган Кытай
тынчтыкты көздөп турду. 774-жылы согушуп жаткан тараптардын ортосунда элчиликтер
жиберилип, согуш аракеттери токтойт. Бирок сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болбогондуктан
775-жылы согуш кайрадан башталат.
Кытайлар менен тибеттиктер беш жыл бою бири-бирине ырайымсыз сокку уруп
турушту, бирок жеңиштер менен жеңилиштердин оош-кыйышы тең болду. Наньчжао
падышачылыгы адегенде Кытайды колдоп турду, бирок 778-жылы Тибет тарапка өтүп
кетет. 779-жылы кытайлар түштүктө тибеттиктерди талкалап, алардын чабуулун токтотуп
салат2
. Бирок Кытайдын Уйгурстан менен чыр-чатагы тибеттиктерге түндүктөгү чабуулду
андан ары улантууга мүмкүндүк берет. Уйгурлар Түндүк Кытайга басып кирип, кытай
армиясынын колун матап турганда3
, тибеттиктер Наньшандын түндүк этегин бойлой
батышка жөнөп, Дуньхуанды камоого алат.
Уйгурлар кетип, тибеттиктер калат да, 780-жылы Дуньхуан багынып берет4
.
Иш жүзүндө Кытай согушту уттуруп койгон эле, муну жаңы император Дэц-зун жакшы
түшүнгөн. Ал тибеттик туткундарды чогултуп, баса алар согуш туткундары эмес эле
кармалып турган элчиликтин мүчөлөрү болучу, бардыгына бирден чапан жаап, үйлөрүнө
коё берет. Аларды жеткирүү үчүн жиберилген чиновник Тисрондецанга тынчтык
келишимин түзүү жөнүңдөгү сунушту тапшырат.
Тибет өкмөтү адегенде мындай бакытка ишене берген жок5
, бирок андан кийин ал
тынчтык келишимин түзүү жөнүндө өз шартын коёт. Тибеттиктер белгилүү бир
территорияларды алууну жана Тибет менен Кытайдын теңдигин таанууну талап кылышат.
Тынчтык келишиминин шарты Кытай үчүн кемсинтилген шарт болсо да Дэцзун аны кабыл
алат. Анын мындан башка аргасы жок эле: 780-жылы кайсы бир чек аралык
чиновниктердин уйгур көпөстөрүн токмоктоп, салганы Уйгурстанды түп көтөрө
аттандырды. Хан согуш ачмакчы болуп коркутту, ал эми түндүк чек ара үчүн аскер
жетишкен эмес, анткени алар батышта салгылашып жатышкан эле. Ал аз келгенсип, 781-
жылы февралда Хэбэйде көтөрүлүш чыгат. Аны өз кызматтары уулдарына мураска өтүшүн
талап кылышкан чиновниктер чыгарышкан6
. Такты кайрадан солкулдай баштаган болучу,
ошондуктан акыры келип эле жеңилбес тибеттиктер менен келишимге келүүнүн ар
кандай шарты алгылыктуу болуп көрүндү.
Тынчтык келишими Цин өзөнүнүн боюнда түзүлөт. Ал курмандыкка чалынган иттин,
чочконун жана койдун каны жана андан кийин курмандык чалынчу аянттын жанына
курулган буддалык бутканада ант беришүү менен бекитилет. Келишим Чанъандагы
«Шаардын батыш тарабындагы Улуу Храмда» император тарабынан ратификацияланат7
.
Бул тынчтык келишими гана эмес, союздук келишим да болгон.
Тибеттиктердин жеңиши чынында да зор болду: кербен жолунун маанилүү бөлүгү
тибеттиктердин колуна тийип, алар андан ары Хотан жана Куча тарапка жылууга
мүмкүндүк алды. Кытай менен Уйгурстандын ортосундагы душмандашуу эки өлкөнү тең
бирдей алсыз кылып койгондуктан, ошондой эле Хэбэй көтөрүлүшү жана Наньчжаонун
Тибетке түз мамиледе болгону Тисрондецанга чек араны андан ары кеңейтүүнүн
перспективасын ачып берди. Тибеттин күч-кубаттуулугу өз сересине жетип турду.
Уйгурстан. Моюнчурдун жүрүштөрүнүн натыйжасында Уйгурстан өтө оңтойлуу
шарттарга ээ болуп турду, анын айланасында күчтүү душман да жок болучу. Чыгышта
кидандар, түндүктө кыргыздар уйгур ханына баш ийип турган. 766-жылы батышта
карлуктар күч алып жаткан эле, бирок алар бүт көңүлүн түштүк-батыш тарапка топтошуп,
табигый чек арадан — Тарбагатайдан — ары өтүшкөн эмес. Түштүктө болсо Кытай
урандыга басылып жаткан, бирок буга карабастан Кучада, Кашкарда, Хотанда,
Карашаарда жана Бэйтинде Кытайдын гарнизондору турган болучу. Бул сепилдер 755—
760-жылдарда Кытайдын түндүк-батыш бурчун (Ганьси жана Шэньси провинцияларын)
басып алып, эми Батыш аймакты жеңип алууга киришкен тибеттиктер менен уйгурлардын
ортосундагы буфер болгон.
Кытайлар менен тибеттиктер өтө касташкан душмандар болгондуктан уйгурлар
экөөнүн бирин тандап алышы керек эле. Уйгурлар Кытайды саап, сүтүн ала бере турган
саан уй сыяктуу көрүшүп, андан мүмкүн болушунча көбүрөөк олжолорду алып турууга
умтулушту, бирок алар эч качан Тибет менен союздаш болушкан эмес. Манихейчилик
менен буддизмдин ортосундагы идеологиялык карама-каршылык өтө эле терең болгон;
уйгурлардын манихейлик устаттарынын тибеттиктер «шайтанды будда деп аташат» деп
айтканы бекеринен болбосо керек.
Кийинки согушта эки тараптын тең болуп көрбөгөндөй айыгышуусунун тамыры
тереңде жаткан болучу. Ортолук Азиядагы диний согуштар реформацияга окшобой,
чиркөөлөрдү үн эки жаат болуп бөлүнүшүнө жана андан кийинки кресттүүлөрдүн
жортуулдарынын дооруна окшошуп турган, анткени ошол тапта латындар, гректер,
карматтар жана мусулмандар, кээде саясий жактан союздаш болушса да, идеологиялык
жактан бирине бири ушунчалык жат жана өз ара касташып тургандыктан, айрым бир
ренегатчылыктарды эске албаганда, алардын ортосунда эч кандай компромисстердин
болушу мүмкүн эмес эле. Ал эми ренегатчылык доордун мүнөзүн аныктоочу көрүнүш
боло алмак эмес. Кээ бир нерселер жагынан Азия Европадан 300 жылга озуп кеткен
болучу: Тибет VII к. эле, ал эми Уйгурстан VIII к. экинчи жарымында теократтык дөөлөт
болуп калышкан.
Манихей үгүтчүлөрүнүн активдүүлүгүнө карабастан Уйгурстан жаңы саясий багытка
дароо эле өтүп кете алган жок. Уйгур дөөлөтүн түзүшкөн биринчи хандар Пэйло (744—
745), Моюнчур (745—759) жана Идиган (759—780) өз урууларына таянуу менен көк
түрктөрдүн хандарына окшош болууга умтулушкан. Граждандык согуштун учурунда алар
Кытайды талап-тоноп алышкандан кийин, өзүлөрүн ал жерде кожоюндардай сезишкен.
Чанъанга келишип, алар базарда кыздарды кармашып, казыналык жылкыларды тартып
алышып, ар кандай жаман жорук-жосундарды жасашкан. 762-жылдагы келишим боюнча
жымсалданган алым алып турушкан; уйгурларга алар айдап келишкен ар бир жылкы үчүн
40 түрмөк жибек төлөшкөн. Бир жолу уйгурлар 6 миң жакшы жылкынын ордуна 10 миң
чобурду айдап келишкенде аларга төлөөдөн баш тартышкан. 775-жылы уйгурлар базарда
кытай чиновнигин өлтүрүп салышат; уйгур көпөстөрүнүн кылык-жоруктарына кытайлар
андан ары чыдай алышкан жок; аларды кармап алышып, өмүр бою түрмөдө отурууга
өкүм чыгарылат; ошондо уйгурлардын бир колбашчысы аскерлери менен түрмөгө кол
салып, өзүнүн уруулаштарын бошотот да, түрмөнүн сакчыларын сабап, жарадар кылып
кетишет8
. Борбордун калкына гана эмес, кытай өкмөтүнүн өзүнө да муну мындан ары
токтотуу керек экени эми ачык болуп калган эле.
778-жылы Кытайда Дэңзун такка отурат, өткөндө уйгур ханына жүгүнүүдөн баш
тарткан ханзаада дал ушул Дэңзун болучу, жүгүнбөгөнү үчүн уйгурлар анын
кеңешчилерин таяк менен сабашкан9
. Дэцзундун уйгурларды сүйбөй турганы түшүнүктүү
болучу. Идиган хан муну билгендиктен жаңы императорду баш ийдирүү үчүн 778-жылы
Түндүк Кытайга кол салат. Яниойдун алдындагы биринчи салгылашта уйгурлар жеңип
чыгышат. Кытайдын 10 миң адамы өлөт. Бирок Дайчжоунун (Шэньсиде) акими
уйгурларды талкалап, чегинүүгө аргасыз кылат10. Уйгурлар «бир нече ондогон миң койду»
гана айдап кетишет, бирок «алар да жолдо кырылып калат»11. Кытайдын оңолуп калганын
түшүнүп, хан status quoнy сактоо үчүн чоң согушка даярданууга киришет. Ырасында да,
Кытайдын калкы 764-жылдан 780-жылга чейин жарым миллион адамга (тагыраак
айтканда, 85 миң үй-бүлөгө — 485 миң адамга) өскөн, бул 768 миң адамдан турган жаңы
армияны түзүүгө мүмкүндүк берген.
Өзүнүн күчтөнүп калганын эске алып, Дэцзун дагы бир оор милдетинен арылды.
Токуз-огуздар борбор шаарда меймандар катарында казынанын эсебинен жашоо
артыкчылыгын алышкан болучу12. Алар ушундай оңой-олтоңжашоого көнүп алышкан эле.
780-жылы Дэцзун аларды Кытайдан айдап жиберет. Чек арада алардын кытай кыздарын
капка салып алып кетип баратышканы белгилүү болот. Тинтүү жүргүзүүгө укугу жок
болгондуктан чек арадагы аскер башчысы өз чиновнигин тутукка орой мамиле жасап,
опузалоо үчүн жиберет. Тутуктун ачуусу келип, оройлук кылган немени камчы менен
сабап кирет. Кытайга ушул эле керек болучу. Аскерлер токуз-огуздардын таборун курчап
алышып, тинтүү жүргүзүшүп, кыздарды таап алышкандан кийин, «меймандардын»
баарын кеп-сөзгө келбей эле кырып салышат.
Император бул жөнүндө угуп, чек ара башчысын башка кызматка которуу менен
чектелет да, уйгур ханына түшүнүк берүү үчүн элчисин жөнөтөт. Уйгурлар өз туугандары
үчүн канга кан деп кытайлардын канын төгөрүн, алар Кытай үчүн кемсинткен соода
келишими өздөрүнө берген артыкчылыктан баш тартышпай тургандыгын Дэцзун эң сонун
түшүнгөн, ошондой болсо да, ал буга батынды, сыягы, ал каршылык көрсөтүүгө күчү
жетерине ишенсе керек.
Ошол учурда Уйгурстанда өтө олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. 779-жылы Кытай менен
мамиле курчуп кеткенде, алдыдагы согуш жөнүндөгү эки башка пикир пайда болду.
Токуз-огуздар согушту каалашты, анткени андан түшкен олжонун көпчүлүк үлүшү
ошолордун колуна тиймек. Ал эми союздаш уруулар бул согуштан пайданы эмес,
коркунучту гана көруштү13. Хан көпчүлүктүн пикирине каршы чыккандыктан Дунмага-
тархан төрө көтөрүлүш чыгарып, хан, анын кеңечилери жана токуз-огуздардын 2 миң ак
сөөктөрү өлтүрүлөт, ал эми бийликти тартып алган Дунмага-тархан Кат Кутлуг Билге хан
деген титул менен такка отурат, муну которгондо «өтө бактылуу, акылман хан»14 дегенди
билдирет.

Албетте, бул жерде кытай дипломатиясы да четте турган эмес. Узурпатор
көтөрүлүшкө акчаны Кытай элчисинен алган. Мындан башка да хандын сарайындагы
байлык менен шаан-шөкөттүүлүк, демейки боз үйлөрдүн ордуна хандын гареми үчүн
курулган палаталар жана да бөлөк бирөөнүн асемдүү жана шаан-шөкөттүү турмушун
камсыз кылуу үчүн алым-салыктарды төлөө калкынын калың катмарында
нааразылыктарды пайда кылган. Токуз-огуздардын үстөм абалы акыры кызыл кыргынга
алып келген; ушул себептерден улам кытайлардын «конокторду» кырып салганы да
натыйжасыз кала берген15
.
Жаңы хан тынчтыкты өтө каалаган болучу. «Коноктордун» өлүмү үчүн ал 781-жылы
кун алат. 783-жылы төмөнкү шарттардын негизинде тынчтык келишими түзүлөт: 1) хан
Кытайдын вассалы деп таанылат; 2) уйгур элчилиги 200 адамдан көп болбоого тийиш; 3)
милдеттүү соода-сатыкка бир миңден ашык жылкы алынып келинбөөгө тийиш; 4)
кытайларды чет өлкөлөргө алып кетүүгө тыюу салынат. Келишим 788-жылы нике жана
Тибетке каршы союз менен бекемделет16
.
Дунмага өлкөнү бекем жана ырайымсыздык менен башкарып турду. Мурдагы
династиянын ханзаадаларынын биринин эки уулу анын буйругу боюнча өлүм жазасына
тартылат 17 . Таштагы жазуу Дунмаганы кайраттуу адам катарында мүнөздөйт 18 . Ал
жетиштүү даражада кадыр-барктуу болсо керек, анткени 789-жылы ал өлгөндөн кийин
тактыга анын уулу Долосы отурган, бирок ал тактыга мурастап алуу жолу менен эмес,
бектер тарабынан отургузулган жана «Айдынлык улуг Күч-мунмыш Күчлүг Билге-хан», т.а.
«Ай жаркын, улуу, күчтүү, кубаттуу акылман хан» деген титулду19 да ошолордон алган.
Уйгурстан шайлануучу монархиялык өлкө болуп калат.
Согуштун кайрадан башталышы. Хэбэйлердин көтөрүлүшү көпкө узабай
басылып салынса да, Кытайды тышкы согуштарга караганда көбүрөөк алсыратты.
Бийликке эч кимдин баш ийгиси келбей калды, 783-жылы Дэцзун Чанъандан качууга
аргасыз болот.
Тисрондецан бул дүрбөлөңдү интервенция үчүн пайдаланып, Кытай императоруна
аскерлерин жардамга жиберет. 784-жылы өкмөт менен тибеттиктердин бириккен аскер
күчтөрү Утинчуандын жанында козголоңчулардын күчүн талкалап, борбор шаарды кайра
кайтарып алууга даярданып жатышканда багы жок Кытайда өлөт эпидемиясы башталып,
тибеттиктердин согушту андан ары улантпай кайтып кетүүсүнө шылтоо болду.
Кытайдагылар тибеттиктер козголоңчулар менен макулдашып алышты деп эсептешти.
Императордун бактысына жараша, көтөрүлүш чыгарган феодалдардын жолбашчысы
786-жылы өзүнүн дарыгери тарабынан ууландырылып каза таап, козголоң тынчыйт.
Алгачкы ирет түзүлгөн келишим боюнча борбор шаарды кайра алууда көрсөткөн
жардамы үчүн тибеттиктерге жаңы территориялар берилмек. Тибеттиктердин күн мурда
кетип калгандыгы кытай өкмөтү тарабынан берилген убададан баш тартуу үчүн негиз боло
алат деп чечет, бирок тибеттиктер Утин-чуандын жанында козголоңчуларды талкалап,
жетишерлик даражада күч жумшадык деп эсептешти. Бул баш тарткандыкты алар
алдамчылык деп табышып, кыжырланган тибеттиктер чек арадагы областтарга кол салып,
адамдарын туткундап, малын алып, эгиндерин тебелеп-тепсеп кетишет. Бул жолу алар
күтпөгөн учурда кол салгандыктан өздөрүнүн айыгышкан душмандары болгон кытайлык
чек арачылардын көпчүлүк бөлүгүн кырып салууга жетишет, ошондой эле, ушул учурга
чейин тибеттиктердин түндүккө жана батышка карай экспансиясы үчүн тоскоол болуп
келген Янчжоу, Линчжоу жана Сячжоу20 сепилдерине ээ болушат.
Өздөрүнө керек болгондорду алып тынгандан кийин тибеттиктер кайрадан
тынчтыкты сунуш кылышат. Тибет колбашчысы тарабынан парага сатып алынган кытай
генералы Ма Суй тынчтыкка макул болуп, борборго билдирүү үчүн жөнөйт. Тибеттин
башкы колбашчысы Шан Гецзан бул убакытты алсыраган аскер бөлүктөрүн оорукка
которуп, аларды кайрадан куруу үчүн пайдаланат.
Чанъанда сүйлөшүүлөргө макул болуп, тынчтык үчүн алгылыктуу шарттарды
макулдашуу жана тибеттиктерден басып алынган территорияларды кайтарып алууга
жетишүү үчүн эң ири чиновниктер менен колбашчылардан турган комиссияны жөнөтөт.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында козголоңду баскан колбашчы Хуань Сянь да бар
болучу; тибеттиктер дал ушул генералды келишимди бузду деп айыпташкан 21 эле.
Варварлар менен сүйлөшүүлөргө алардын өз душманынын жиберилгени император
тарабынан кетирилген кечиримсиз жаңылыштык болучу, бул окуянын жүрүшүнө чоң
таасир берген.
Өч алууга умтулуп, Шан Гецзан чыккынчылыкка барат: атчандар кытайлык
депутацияга буктурмадан кол салып, туткундап алат. Бирок Хуань Сянь жайдак атка минип
качып, чыңдалган чепке жетүүгө үлгүрөт; аны артынан куугунтукташат, бирок бир да жебе
ага тийбейт. Ушундан кийин тынчтык жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес эле.
Шан Гецзан таланттуу колбашчы болгон. Ал жетишилген ийгиликтерди Кытайга
бардык фронттор боюнча кеңири чабуулду өнүктүрүү үчүн пайдаланат. Кытай армиясы
жеңилип же багынып беришип, тибеттик атчандар болсо бардык жерде талап-тоноп
жүрүп отурушат. Шэньсинин батыш чет-жакасынын тургундары дээрлик бүт кырылып же
Тибетке айдалып кетет, буга чейин дал ушул калк тибеттиктердин чабуулун токтотуп
келген болучу.
Кытайдын кайрадан уттуруп койгону ачык болуп калды. Бирок бул жолу кытай
дипломатиясы ишке киргизилди. 788-жылы Кытай Уйгурстан менен коргонуу союзун
түзөт, анткени уйгурлар да Тибеттин күч алышынан жана анын түндүк-батыш тараптагы
экспансиясынан кооптонуп турган болучу. Түштүктө, Сычуанда согуш эки фронтто жүрүп
жатты: батыштан тибеттиктер кысымга алып, түштүктөн Тибет менен союздаш болгон
Наньчжаонун аскерлери чабуулга өтөт. Союздаштардын кысымында калган кытай
колбашчысы Вэй Гао душманга жалган кабарларды жеткирүү ыгын колдонот. Ал
Наньчжаонун падышасына кат жазып, «Чын ниеттен тилектештиги» үчүн ага ыраазылыгын
билдирет да, катты тибеттиктердин колуна тийгидей кылып жөнөтүп жиберет.
Тибеттиктер өз союздашын чыккынчылык кылды деп шектенип, анын Сычуанга баруучу
жолун кесип салуу үчүн аскерлердин корпусун жөнөтөт. Бул союздаштарды
араздаштырып коёт. Наньчжаонун аскерлери кайтып кетишет да, тибеттиктер жалгыз
калып, 789-жылы жеңилип калат. Сычуань куткарылат.
Вэй Гао муну менен эле токтолуп калган жок, ал анча чоң эмес сепилдерди камалап,
чакан согуштарды жүргүзүүнү улантып, Наньчжаонун падышасы Имосунга элчи жиберет.

Элчи Имосунду Кытай тарабына өтүп, түштүктө согуш жүргүзүп жаткан тибеттик армиянын
тылынан сокку урууга макулдаттырат. Артынан сокку күтпөгөн тибеттиктер 793-жылы
талкаланып, кийинки жылы, ийгиликсиз согуштардан кийин, өз жерине чегинип
кетишет22
.
Уйгурстандын согушка кириши түндүктөгү окуяларга жаңы багыт берет.
Согуштун кызуу кези. Уйгурстан өзүнүн Кытайга багыныңкы болуп турган
абалынан уттурганга караганда көбүрөөк уткан. Чындыгында кытайларга уйгурлар эмес,
уйгурларга кытайлар багыныңкы абалда болгон. Батыш аймактагы ээликтердин Кытайдын
борбору менен кат алышуулары тибет аскерлерин четтеп өтүп, уйгур жери аркылуу
жөнөтүлүп турган. Батышта согуш жүргүзүү үчүн Кытайда жетишерлик атчан аскерлер жок
болучу. Бул абалдан чыгууга уйгурлар гана жардам бере алмак, алар буга даяр турушкан,
бирок бул үчүн алар акы талап кылышкан. «Көчмөндөрдүн талабында чек деген болгон
эмес»23 Кытай аскер акысын төлөп берген соң уйгурлар тибеттиктер менен согушка
киришет. Бирок тибеттик дипломатия да өтө активдүү болуп чыкты: алар өздөрүнө
союздаштарды табууга жетишти. Алардыи тарабында уйгурлардын эски атаандаштары
батыш карлуктар, ошондой эле Түштүк Жуңгарияда көчүп-конуп жүргөн жана оор алык-
салыктардан кыйналган шато уруусу да көтөрүлүп чыгышты.
Уйгурлар багындырып алышкан түрктөр, чыгыш карлуктар24 жана баян уруусу андан
да көбүрөөк жабыркап турушкан болучу; булар тибеттиктерди азаптан куткаруучулар
катарында күтүп турушкан. Акырында, Моюнчур тарабынан багындырылып, бирок
моюнсунбаган кыргыздардын арасында тибеттиктерди жактаган тенденция да күч алып
жаткан эле. Уйгур эзүүсүнөн кутулуу үчүн алар, карлуктар жана арабдар менен да
достошууга умтулушкан, бирок арабдар алыста, карлуктар алсыз болгондуктан,
тибеттиктер менен алака түзүү гана уйгурлардын эзүүсүнөн бошонууга үмүт берип турган
эле. Тибет эмиссарлары Эне- Сайга карлуктардын жери аркылуу өтүп келишкен25
.
Мындан тышкарды, тибеттиктер Гибинди26 жана эфталиттерди багынтып, Памирдин
тышкары беттеринде өз үстөмдүгүн орнотушкан. Алар тибеттиктерге дары-дармектер
жана азык-түлүк түрүндөгү алык-салыктарды27 төлөп турушкан, булар, калыбы, тибет
армиясын жабдууга жумшалса керек.
Түштүк-батышта тибеттиктер өздөрүнүн бир диндеши болуп калган Кашмирдин
падышасы менен достук мамиле түзөт. Бул кезде Кашмир Тибетке бейкут тылды камсыз
кылып турган эле. Ал Түндүк Индияны28 жеңип алуу үчүн активдүү саясат жүргүзүп жаткан
болучу.
789-жылдын акырында тибет аскерлери Беш-Балыкка (Бэйтинге) жөнөйт.
«Гйегяньгяс»29 деген титулду алып жүргөн уйгур колбашчысы шаарга жардамга келип,
толук талкаланып калат, бул согушта шатолордун чыккынчылыгы чечүүчү роль ойнойт.
Бэйтнн 790-жылы багынып берет. Бул Кучанын, Карашаардын, Хотандын жана Кашкардын
тагдырын да кошо чечкен, мындагы кытайлар жергиликтүү калк менен аралашып,
сиңишип кетүүгө үлгүрүшкөн эле. Кытайга бул бөлүнүп калган ээликтерден эч кандай
кабар жеткен эмес, бирок, калыбы, ал шаарлар коргонууну өздөрү уюштура алышса
керек. Натыйжада тибеттиктер Теңир-Тоонун түштүк жака-белинде кожоюн боло алышкан
эмес. Анткен менен, Турпан оазисин өз кучагына алган Сич-жоу областы метрополияга
берилгендигин сактап кала берген30 . Муну оңой эле түшүндүрүүгө болот, анткени
кытайлар Турпанда 5 кылымдан бери карай отурукташа беришип, жергиликтүү калкты
кытайлаштырып жиберген болучу. Бирок Сичжоу көчмөндөрдүн буркан-шаркан түшүп
жаткан океанында кичинекей аралча гана болгондуктан, андагы кытай гарнизону чечүүчү
мааниге ээ болгон эмес.
Кийинки жылы тибеттиктер өзүлөрүнүн коммуникаңиясын камсыз кылууга умтулуп,
Хуанхэден ылдый карай түндүк-чыгыш багытта чабуулун улантышат, бирок уйгур
аскерлери аларды Линчжоунун жанында талкалап салышат. Уйгурлар кеткенден кийин
тибеттиктер кампанияны кайрадан башташып, Шуйкэучжай сепилин алып, ал аймакты
тыптыйпыл кылып талап-тоноп кеткендиктен, ал жер каршы чабуул коюу үчүн кытайларга
плацдарм боло албай калган. Чек арадагы согуштар кол салуулардын мизин кайтарып,
талкаланган сепилдерди кайра калыбына келтирүү иштери менен гана чектелип турган31
.
Курмандыктардын32 арасында Гэсэрдин тукумдарьгаын падышалыгы да бар болучу,
аны тибеттик булак эмне үчүндүр түрктөрдүн падышалыгы деп атайт33. «Кызьш жүздүү
тибеттик демон аскерлер бул түрк падышалыгына басып кирип, алардын жерине
өздөрүнүн кара чатырларын тигишти. Таланып-тонолгон элди мондордун өлкөсүнө айдап
кетишип, ал жерде аларга баш паана беришти»34 . Ушундан кийин Батыш Тибетте
Гэсэрдин35 тукумдарынан болгон ханзаадалардын династиясы пайда болду.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   eldar96   16 Октябрь 2018 - 12:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Ошол эле 791-жылы башка бир тибеттик армия Хотаиды36баш ийдирип алуу менен
Жуңгарияда салгылашып жаткан аскерлеринин тылын бекемдейт. Ошондо өз күчтөрүнө
ишенүүдөн үмүт үзгөн кытайлар жардам сурап арабдарга кайрылышат. Харун-ар-Рашид
өтө күчтөнүп кеткен тибеттиктерге каршы жүрүш баштоого макул болот. Анын аскерлери
тибеттик аскер күчтөрүнүн жарымынан көбүрөөгүнүн колун матап турган эле, бул болсо
согуштун андан ары өнүгүшүнө бир кыйла таасир берген37
.
Түндүктөгү согуш. Ошол тапта Жуңгарияны көздөй чыгуунун дарбазасы сыяктуу
болгон Бэйтин сепили үчүн айыгышкан согуш кайрадан башталат. 790-жылы талкаланган
кытай генералы жана Бэйтиндин акими Ян Си-гу өзүнүн аскери менен Чичжоуга (?! —
мүмкүн, бул Теңир-Тоодогу Ысык-Көлдүн боюндагы «Кызыл өрөөн» — Чигу болсо керек)
качат. Гйегяньгяс тибеттиктерди биргелешкен күч менен кууп чыгууну Янь Си-гуга сунуш
кылат, бирок тибеттиктер толук жеңишке жетишишет. Уйгур-кытай аскерлеринин үчтөн
экиси салгылаш талаасында курман болот. Гйегяньгяс калган аскерлерин чогултуп,
кытайлардын Сичжоу38 сепилин талап-тоноону ойлоп, кытай акимине Кытайга жөнөп
кетүүнү сунуш кылат. Ар-намыстуу кытай чиновниги Ян Си-гу оор абалдан чыгууга арга жок
экенине көзү жетет да, өзүн-өзү өлтүрөт, ал эми тибеттиктердин союздаштары — чыгыш
карлуктары Жуңгарияны жеңип алышат39. Уйгурлар кытайлык «төрт сепил» туруштук
берип турган түштүк тарапка сүрүлүп ташталат.
Аларга таянып, уйгурлардын омоктуу кошуундары тибет армиясынын тылдарына
улам сокку уруп, үч жыл бою аларга түндүккө басып киришине тоскоолдук кылып
турушкан40. Бугурдун41 жаныңда алар тибет армиясынын атчандар курамын жабдууга
арналган жылкыларын колго түигүрүп, андан кийин Циктам42менен Чонганын43 жанында
тибет отряддарын талкалашат. Хотан44 тарапка жасалган диверсиянын ийгиликтүү болушу
тибеттиктерге түштүктөн чыңдоо алууга тоскоолдук кылган. Акыры, 795-жылы уйгур
аскерлери толукталып чыңдалып алып, Бэйтиндин жанында тибеттиктерди жеңип
чыгышат да, ушуну менен тибеттиктердин чабуулу биротоло токтойт45
.
Өз талааларына кайтып келишип, уйгурлар Уйгур кагандыгынын курамына кирген
карлуктар менен түргөштөрдүн арасындагы тибеттиктерге жан тарткан маанайларды
басып жок кылуу зарылчылыгына туш болушат 46 . Тибеттиктердин кол салышы бул
урууларга эркиндик алып келген болучу, эми уйгур аскерлеринин кайтып келиши аларды
кубандыра койгон жок. Калыбы, алар тибеттиктерди колдоого аракеттенишкен болуу
керек, бирок алар тибеттиктерге окшоп Болчу суусунун жанында талкаланат47. Ошентип,
уйгурлар үч жылга созулган кампанияны утуп чыгышат48
.
Согушуп жатышкан эки дөөлөттүн өз ичиндеги өзгөрүүлөр да согушту токтото алган
жок. Тибетте 796-жылы улуу колбашчы Шан Гэцзан, 797-жылы Тисрондецан каза болушту;
Уйгурстанда Йологэ династиясы токтотулуп, 795-жылы бектер таланттуу колбашчы
Кутлугду, бийликти чектөөгө анын макулдугун алгандан кийин хан көтөрүшөт49. Такка
отургандан кийин ал алдын ала күтпөгөн кыйынчылыктарга туш келет.
Тибет дипломатиясы да жөн отурган эмес: уйгурлардын тылында 758-жылы багынып
беришкенде өз автономдуулугун сактап калышкан кыргыздар көтөрүлүш чыгарышат.
«Кутлуг кыргыздарды басып салууга жетишип, алардын өлкөсүн талкалаган соң,
мамлекеттик иштери токтоп, алардын жеринде бир да тирүү жан калган жок»50. Албетте,
кийинкиси апыртылып айтылган болсо да, бул талкалоодон кийин 20 жыл бою, т.а. жаңы
муун өсүп жетилгенге чейин кыргыздар жөнүндө кабар угулбай калган. Ушул окуя,
мүмкүн, Тывада орнотулуп, кийин Минусинск музейинде сакталып турган № 22-таш
мамынын пайда болушуна себепчи болгондур? Таш мамы—шагыл таштан жасалган,
бийиктиги 3,4 м келген төрт кырдуу устун. Анын жайыраак келген бир бетинде вертикал
түрүндө уч сап руна сымал жазуу бар. Анын асты жагында эки учу ылдый түшүп турган жаа
сыяктуу сызык бар, сызыктын үстүндө ортосуна жакын жерге крест түшүрүлгөн
(С.В.Киселевдун сүрөттөгөнү). Жазуунун мазмуну төмөнкүчө:
«Мен, жүз жан-жөкөрлөрүм, силерден, өзүмдүн алты уруу элимден, бардыгыңардан
бөлүнүп кеттим (т.а. өлдүм). Менин баатырдык ысмым Ак-баш-ат-ых. Мен Ынал-огя
жетимиш жашта элем51
.
Баатырдык даңкка бөлөндүм! Менин кемерим 42 желбирекчелер менен кооздолгон!
Душмандарымдын 30 баатырын өлтүрдүм! »
Каптал жагындагы бетине кошумча мындай деп жазылган: «Менин алты уруу элим өз
күчү менен бул жерге таш мамы орнотту...»
Эгерде төмөндө сунуш кылынган гипотезаны кабыл ала турган болсок, анда
эстеликтин мазмуну түшүнүктүү болот. Алты-бег-будун, т.а. алты бектин эли — бул 780-
жылдан кийинки уйгурлар. Ак-баш-ат-ых сыягы, жүз башы болуп, согушта курман болсо
керек, ал эми алты бектин элинин, т.а уйгурлардын жеңген ханы ага эстелик тургузган. Бул
эстелик жеңишке жетишкен учурда гана мүмкүн болмок, ал эми IX к. уйгурларды
кыргыздар жеңип чыгышкан. Биздин гипотезабызга таш мамыдагы крест да карама-
каршы келбейт, анткени манихейлер Христосту ыйык тутушкан, анын үстүнө Манинин өзү
да керилип өлгөн болучу. Жазуунун саптарынын тикесинен турганы да буга мүнөздүү,
анткени кечирээк мезгилдеги (X—XI кк.) уйгурлардын манихейлик жазуулары дал
ушундайча жазылган. «Эстеликтин ариптери орхондуку эмес экени ачык»52 . Эгерде
жогоруда айтылган көз карашты кабыл ала турган болсок, эгерде таш мамы ордунан
алынып, Минусинск музейине алынып кетпегенде, ал бизге салгылаштын кайсы жерде
болгонун көрсөтүп бермек.
Андан соң аскерлер тибеттиктер менен чыгыш карлуктары аракет кылып жаткан
Бэйтиндин айланасына кайрадан келет53. Эстелик өтө бүдөмүктөтүп баяндаган узакка
созулган кыйын салгылаштардан кийин уйгурлар жеңип, Бэй-тин сепилинин калдыгы
алардын колуна өтөт да, кайрадан Беш-Балык аталып калат. Чабуул коюу үчүн таянычка ээ
болуп алгандан кийин уйгур ханы тибеттиктер камалап жаткан Кучага жардамга жөнөйт54
.
Уйгурлар тибеттиктерди буктурмага тушуктуруп, корпусту бүт бойдон кырып салышат.
Бирок куткарылган кучалык кытайлар жакшылыкты унутушуп, аларды куткарып калган
баатыр талап калган алымдын өлчөмү жөнүндө талашып-тартыша башташат. Зыкым
союздаштарына карай согуш экспедициясын хан өзү жетектейт. Алар каршылык
көрсөтүүгө аракеттенишсе да, акыры талкаланып, батышка, Ферганага чейин качып
кетишет. Ал жакта, Нарындын 55 бойлорунда уйгурлар качындарды кууп жетишип,
тыптыйпыл кылып тоноп алышат. Ушундан кийин «аман калгандары алык-салыгыңарды
төлөп берелик, жаныбызды аман койгула» деп жалынып-жалбарышканда уйгур ханы
ырайымдуулук менен макул болот. Ошентип, батыштагы кытай ээликтеринин калганы
Уйгур хандыгынын курамына кирет.
Көп узабай уйгур ханына батыш карлуктар56 менен кагылышууга туура келет, бирок
салгылаш уйгурлардын пайдасына бүтөт. Кутлуг хандын акыркы эрдиги чыгыш
карлуктарын баш ийдирип, аларды колдоп жаткан тибет армиясын талкалаганы болду.
Чыгыш карлуктарынын жабгусу бийликтен ажыратылып, куулуп жиберилет. Бул согуштар
Теңир-Тоонун түштүк тараптарында болуп өткөн, анткени эстеликте хан качкындарды кууп
отуруп, Ферганага чейин жетти деп айтылган57
.
Мына ушул окуялардын баары он жылдын ичинде — 795—805-жылдарда болуп
өткөн. Эстелик жазуу хронологияны так аныктоого боло турган маалыматтарды бербейт,
ал эми кытай хроникачылары бул фактылар жөнүндө унчукпайт. Эстелик жазуу тарыхты
толуктоого мүмкүндүк берип, уйгурлардын тибеттиктердин батыш тарапка чабуулун
токтотуп гана тим болбостон, аларды Жуңгариядан58 сүрүп чыгарганы да анык болду.
Тибеттиктер чегинип баратышып, өз союздашы шатолорду кошо ала кетишип, аларды
Наньшан тоосунун жака-белдерине, Ганьчжоу областына жайгаштырышат59. Бул болсо
шатолорду кырып жок кылуудан куткарган, анткени уйгурлар Бэйтиндин кулашына
шатолордун чыккынчылыгы себеп болду деп адилеттүү эсептешкен.

Ошентип, кызыл кыргын согуштардын жана жанды кыйнап, дене-бойду талыкшыткан
жүрүштөрдүн натыйжасында эки тараптын тең күчү бирдей болуп чыкты: уйгурлар Куча
менен Карашаарды, тибеттиктер Хотан менен Кашкарды өз карамагында сактап
калышты60
.
Чыгыш менен батыштагы согуштар. Тибеттиктердин бир кыйла сандагы күчү батышта
колу байланып турганынан пайдаланып, алардын жаңы ханы Муни Дзенбонун тынчтык
келишимин түзүү жөнүндөгү сунушун кытайлар четке кагып, бардык фронттор боюнча
каршы чабуул башташат.
798-жылы тибеттиктер түндүктө, Хуамачинин түбүндөгү Янчжоуда, ал эми 800-жылы
Линчжоуда жеңилип калышат. Түштүктө, Сычуанда Вэй Гао эки тибет сепилин алат. Буга
тибеттиктер 801-жылы кыйраткыч чабуул менен жооп кайтарышат, натыйжада Линчжоу
сепили тибеттиктердин колуна өтүп, кытайлар чабуул коюу үчүн базадан ажырап
калышат.
Тибеттиктердин өлкөнүн ичине кирип келишинен кооптонуп, кытай өкмөтү Түштүк
Тибетке диверсия жасоо үчүн Вэй Гаого буйрук берет; бул операция бир гана максатты —
душмандын күчүн чечүүчү багыттан алагды кылууну көздөгөн. Вэй Гао жыйырма миң
аскери менен Сычуандагы тибеттиктердин ээлигине басып кирип, алардын колун
талкалап, жети шаарды жана беш сепилди алат, бирок Вэйчжоу жана Куньмин чептерин
ала албай токтойт. Тибет колбашчысы Мадиндэ жеңилип калгандыгы үчүн жазадан
чоочулап, кытайлар тарапка өтүп кетет, ал эми анын ордун баскан чыгыш армиянын
башкы колбашчысы Лунь-Манжо Мулун-ци-симе кытайлар койгон буктурмага тушугуп,
толук талкаланып, өзү туткунга алынат. Бирок сепилдер камоолого туруштук
беришкендиктен, кытайлардын түштүккө карай чабуулу буулуп калат61
.
Ошондой болсо да 802-жылдан баштап тибеттиктер Кытай менен тынчтыкка
умтулушту. 806-жылы туткундарды алмашышты. Буга тибеттиктердин арабдар менен
мамилесинин бузулуп калышы себеп болду. Эгерде 777-жылы тибет падышасы халифти
тааныган болсо, 785-жылдан баштап Орто Азиядагы чек арада араб-тибет согуштары62
жүрүп турду, ал эми 806-жылы тибеттиктер менен карлуктар Самарканддагы Рафи ибн-
Ляйстын көтөрүлүшүн колдошту63
.
Андан ары эмне болгону белгисиз, бирок 811-жылы Мамун өзүнүн бир тууганы
Аминге каршы жүргүзгөн граждандык согуштун башталар алдында ал өтө кейип-кепчип
мындай дейт: «Карлуктардын жабгусу баш ийбей калды, Тибеттин хаканы да ушундай эле
баш ийбестикти көрсөтүп жатат; Кабулдун падышасы кол салууга даярданууда; Отрардын
падышасы алык-салык төлөөдөн баш тартты»64 Эгерде «баш ийүүчүлүк» деген термин
карлуктардын жабгусу, уйгурлардын ханы, тибеттиктердин падышасы жана Кытай
императору сыяктуу дөө-шааларга карата алганда жөн гана дипломатиялык мамилелерди
орнотуу дегенди билдирсе, анда «баш ийбөөчүлүк» деген сөз мамилелерди үзүп, согушка
даярдануу керек дегенди билдирген. Келтирилген текст тибеттиктердин тышкы
саясатынын канчалык кулач жайгандыгы жөнүндө кабар бере алат, анткени бул жазууда
арабдарга каршы коалициянын мүчөлөрү саналып көрсөтүлгөн. Ошентсе да чыгыштагы
окуялар тибеттик экспансиянын кайрадан башталышына мүмкүндүк берген эмес.


806-жылга жакын ченде65 уйгурлар чабуулду улантышып, Лянчжоу сепилин алышат
да, муну менен тибеттиктердин жолун бууп салышат. Тибеттиктер өздөрү мурда таянып
жүрүшкөн шатолордун бизге көзү түз эмес дешип шектенишип, бул урууну Цайдамга
көчүрүп жиберишмекчи болушат66. Шатолор мурда Кытайга көрсөткөн кызматтарын жана
алардан урмат-сый көргөнүн эстешип, баскынчыларга каршы көтөрүлүш чыгарышат. 808-
жылы отуз миң үйлүү шато эли бүт бойдон Наныпандын түндүк бети менен, андан Таошуй
суусун бойлой Кытай тарапка бет алышат. Тибеттиктер аларга кол салышып, кытайдын чек
арасына чейин куугунтуктап жүрүп отурушат. Күн сайын аёосуз салгылаштар болуп турат.
Кытайга 2 миң атчан адам жана бир аз мал гана аман-эсен жеткен. Кытайлар аман келген
баатырларды кабыл алышып, аларды азык-түлүк жана мал менен жабдып, алардан
өзгөчөлүү чек ара корпусун түзөт.
Шатолордун колдоосунан ажыраган тибеттиктер баскынчыл жортуулдарын
токтотушат. Ошол учурда уйгурлар да Кытай менен араздашып калган эле. Согуш өзү эле
токтоп калат.
Уйгурлар менен кытайлардын ортосундагы чыр-чатактарды татабдар чыгарышты. 788-
жылы алар татарлар (шивэйлер) менен бирдикте Кытайга кол салышат. 795-жылы
кытайлар татабдардан өч алуу үчүн кол салып, алардын «60 000 адамына чейин»67 кырып
салышат. Бул окуя татабдарды уйгурлардын колуна салып берет, кийинки жолу 806-жылы
эми алар уйгурлар менен бирдикте жортуулга чыгышат. Татабдардын уйгурларга
букаралыгы 830-жылга чейин созулат да, ошол жылы татабдар кытайларга кайрадан дагы
кол салышканда кытай армиясы тарабынан талкаланып, алардын жолбашчысы туткунга
түшөт. Император туткундун башына калпак кийгизип, белине кемер курчап, аскердик чин
берет. Муну менен туткундан бошотулган жолбашчы Кытайдын вассалы болуп калат.
Уйгурлар муну өтө эле кайдыгерлик менен кабыл алышты, анткени алардын көңүлүн
өлкөдөгү ички иштер бүт бойдон өзүнө буруп жаткан болучу.
809-жылы тибеттик-кытайлык тынчтык жөнүндөгү сүйлөшүүлөр кайрадан башталат,
бирок тибеттиктер Уйгурстан менен да тынчтыкты камсыз кылууга умтулушуп, Кытайга кол
салышат да, Кытайда кармалып турган уйгурларды бошотуп, аларды ата мекенине
кайтарып берет68. Уйгурлар буга ыраазылыгын билдиришип, 813-жылы Батыш дубалдагы
«Мажрүм тал өрөөнүнө» кол салат69. Бул болсо создугуп кеткен сүйлөшүүлөрдө Кытайды
бир кыйла макулдуктарга
барууга түрткөн. Ошондо эле Кытай Тибеттин чек арада алмашуу соодасын ачуу
жөнүндөгү сунушун кабыл алат70
. Алмашуу соодасы тибеттиктерге пайдалуу болгон,
анткени алар өздөрүнө керектүү товарларды кытай чиновниктери аркылуу эмес, түздөн-
түз калкына өзүнөн, т.а. арзан баада алуу мүмкүнчүлүгүнө
33 болушкан. Бирок да кытайларга андан бетер жакпаган нерсе болду: тибетгиктер
Шофандын жанында Хуанхэге көпүрө курушуп, аны жал менен бекемдеп салышты, муну
менен алар ар кандай убакта Ордоско, ал жерден Кытайдын корголбогон областтарына
кирип барууга мүмкүндүк алышты. Арийне, кытайлар буга көнүүгө аргасыз болушту,
анткени жыл сайын провинциялык губернаторлордун тез-тез кайталанып чыгып жаткан
көтөрүлүштөрү мобилизацияоого да, согушту улантууга да мүмкүндүк берген эмес.
Согуштун аякташы. Тибет армиясынын уйгур-кытай коалициясын талкалоого күчү
жетпеди, бирок ага тибет дипломатиясы жардамга келди: ал эки душман дөөлөттү
араздаштырып, эки бөлүп салды да, аларды жалгыздап талкалоого Тибетке мүмкүндүк
берди. Тибеттиктер чыгышта бекемделип алган соң, уйгурлардын жардамы менен
Кытайды тынчтык келишимин түзүүгө мажбур кылат да, 816-жылы түндүккө, уйгурлардын
борбору Кара-Корумга 71 чабуул коёт. Ошол эле маалда уйгурлардын тылында
кыргыздардын жаңы көтөрүлүшү чыгып, бул жолу ал ийгиликтүү болот72. Союздаштардын
аракеттерин координациялоого
34мүмкүндүк бербөө керек эле.
Жүрүш алдын ала болжоого мүмкүн болбогон кырдаалга байланыштуу гана толук
ийгиликке жетише алган жок: 816-жылы тибеттин «ысмы белгисиз гамбосу»73 өлүп,
колбашчы Шан Шацзан өзүнө жаккан ханзааданы такка отургузуу шаанисине катышуу
үчүн Тибетке кайтып келүүгө аргасыз болот 74
. Бирок уйгурлар кыргыздарга каршы
жыйырма жылга созулган согушту жүргүзүп жатышкандыктан бул жагдайды пайдалана
алышкан эмес.
Кытайда уйгурлар менен союздаш болуунун түйшүктүү кесепеттеринен кутулуу үчүн
Уйгурстандын кемсинтилип турган оор абалын пайдаланып калышат. 806-жылы Чанъанга
биринчи жолу жөнөкөй атуулдардан эмес, манихей дин кызматчыларынан турган элчилик
келет75. Бул диний ишенимге жана «көзү ачыктардын» үгүтчүлүк иш-аракеттерине карата
тескери мамилесине карабастан, кытайлар Уйгурстан менен мамилесин бузбоо үчүн
аларды борбор шаарда жашап турушуна чыдоого аргасыз болушат. Бирок, уйгурлардын
күч-кубаты начарлаганы белгилүү болуп, Тибет менен тынчтык келишими түзүлөр замат
кытай өкмөтү манихейлерди уйгур көпөстөрүнүн кылмыштуу иштерине колкабыш
көрсөтүп, соода-сатыктарда кыянатчылыктарга барган деп айыптап, 817-жылы Кытайдан
айдап чыгарып жиберет. Бул айыптоо, ойдон чыгарылбаган күндө да, иштин чыныгы
маңызын чагылдырган эмес. Конфуцийчилер мистикага да, көчмөн маданиятка да каршы
активдүү күрөш жүргүзүп келген, ал эми манихейчиликте бул экөө тең бар эле.
Элчилердин кууп жиберилиши кытай-уйгур союзунун үзүлгөндүгүнүн далили болучу.
Тибеттиктер ушуну эле күтүп турушкан. Ошол эле жылы, Чанъандан өз элчилери
кайтып келише электе эле алар Кытайга басып киришти. Кайрадан бүткүл чек аралар
боюнча салгылаштар кызуу жүрүп жатты, бирок кытайлар тибеттиктердин чабуулун
токтотуп салды76. Кытай жана уйгур өкмөттөрү каардуу душманга каршы биригүү керек
деген жыйынтыкка келишет. 821-жылы эки дөөлөттүн союзу кайрадан калыбына
келтирилип, нике менен бекемделет77. Тибет колбашчысы Шан Цисир Орхон өрөөнүнө
чабуул коёт78, бирок ал натыйжасыз бүтөт, анткени Тибеттин союздаштары — карлуктар
ошол тапта Ферганада арабдарга каршы согуш жүргүзүп жатышкан болучу79, ошондуктан
уйгурлар тибеттиктердин чабуулунун мизин кайтарууга жетишет.
Эми андан ары согушуу маанисиз болуп калгандыктан тибеттиктер өздөрү жеңип
алган бардык аймактардын өз колунда калышын талап кылган шарттын негизинде
Кытайга тынчтык келишимин түзүүнү сунуш кылышты. Атчан аскерлери жок болгондуктан
каршы чабуул коюу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк таппаган Кытай бул шартты кабыл алат
да, 821-жылдын акыры ченде согуш бүтөт.
821-жылдагы тибет-кытай тынчтык келишими. Бул келишим Лхастагы таш
мамыда сакталып калган. Төмөндө анын мазмунун келтиребиз: «Билимдүү, жаангер жана
ата салтын бийик ызааттаган Улуу-Тхан императору, акылман жана теңир сыпаттуу Улуу-
Тибет кябусу80, эки падыша, ага менен ини, эки дөөлөттү баш коштурууну ойлошуп, улуу
жана түбөлүк тынчтык жөнүндө антташып келишим түзүштү.
Духтар жана адамдар бул асеми расминин күбөлөрү болушту; муну келечек муундар
даңазалашат. Ошондуктан муну келечек укум-тукумдарга жеткирүү үчүн жазуу жазылган
таш мамы орнотулду. Билимдүү, жаангер жана ата салтын бийик ызааттаган император,
акылман жана теңир сыпаттуу кябу, ушул эки падыша, ага менен ини өтө көрөгөчтүк жана
акылмандуулук менен элдердин бекем биримдигин сактап турушат; өкүнүч сезимдерин
унутушуп, бүткүл өжөлөргө ырайымдуулук тарын төгүп, элдерге тынчтык жана бакыт-
таалай алып келүү үчүн бир пикирге келишип жана ушул жакшылык иш-аракеттер узак
мезгилдер бою жыргалчылыктын негизи болот деп эсептешет. Коңшулаштык достукту
орнотууга карата ушундай бир тилектен умтулуу аларга чыныгы атак-даңк алып келет.
Мындан ары эки мамлекеттин — Кытай жана Тибет мамлекеттеринин Тхаочжеу81 жана
Миньчжеу82 шаарларынан тарта чыгышка карай кеткен тийиштүү аймактар Улуу-Тхан
падышалыгына, ал эми чек арадан батышка карай кеткен аймактар Улуу-Тибет дөөлөтүнө
таандык болот.
Ушул эки мамлекет кан төгүшкөн душмандашууну токтотууга, курал көтөрбөөгө, өз
ара кол салышпоого милдеттешет. Эгерде, кимдир бирөө кандайдыр бир кокустуктардан
улам башка аймактарда кармалып калса, андайларды суракка алып, дайынын билгенден
кийин, өз өлкөсүнүн тынчтыгын бузбоо үчүн кийим-кечек жана тамак-аш менен
жабдылып, өз ата мекенине коё берилсин, бул духтарды аздектегендик жана адамдарга
урмат-сый көрсөткөндүк болот. Ага менен ининин ортосундагы өз ара достуктун
аркасында, эгерде кыйын жагдайлар орун алып калса, алар бири-бирине келип
(кайрылып — Л.Г.), жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Эки мамлекеттин ортосунда дайыма өз
ара карым-катнаш боло тургандыктан эки жактан жибериле турган элчилер Цзян-
цзюньчу83 өрөнүндө аттарын алмаштырууга тийиш. Тхаочжеу менен Миньчжеудаи бери
тарта чыгыш тарапка Улуу-Тхан сарайы, батыш тарапка Улуу-Тибет сарайы почта кармап
турууга милдеттүү. Эки аймакта тең өрт чыгып, күл сапырылбасын үчүн84 ага менен
ининин ортосундагы жакындык толук ишке ашып, эки тарап тең (падышалардын)
жакшылык иштерин даңазалашып, өлкөлөрдөгү бейкуттук жөнүндө түбөлүк кам
көрүшсүн; саякатчылар коопсузданбагандай, тургундар тынч турмушка ырахаттанышып,
өз ара кол салууларга жол берилбегидей болсун. Келечектеги урпактарга ушундай
жакшылыктардын шарапаты аркылуу күн менен ай тийген жердин баардыгында атак-
даңк жаңырыгы жайылат. Тибеттик Тибетте бейкуттуктун ыракатын көрүп, кытайлык
Кытайда көңүлү шат өмүр сүрсүн; ар ким ушул антташкан келишимди бек сактап, аны эч
качан бузбоого тийиш. Кудайлар менен акылмандардын элестери алдында, күндүн,
айдын жана жылдыздардын алдында, курмандыкка чалынган малдын үстүндө
антыбызды бекитебиз.
Эгерде ким ушул келишимди бузса, анда ал ант бузган кылмышкер болот, аны ант
урсун. Тибет падышасы жана Кытай элчилери жерге чейин баштарын ийип жүгүнүшүп,
мына ушул жерде жазылган келишимди бекитишти. Эки падышанын бул жакшылык
иштери укумдан тукумга түбөлүк даңазаланып, мунун шарапатын көрүшкөн букаралар да
бул жакшылыкты дакташат»85
.
821-жылы Кашкарда Кытайдын бийлиги калыбына келтирилип, генерал-
губернатордун дайындалгандыгы жөнүндөгү билдирүү келишимдин мазмунуна өтө
маанилүү кошумча болуп саналат86. Бул болсо Тибеттин чек арасында болуп жаткан
окуялардан кабар бере алат. Ошол тапта кытайлар өз күчү менен да, же уйгурларга
жардамы аркылуу да Кашкарды ала алмак эмес экени шексиз нерсе болучу, анткени
уйгурлар түндүктө кыргыздардын көтөрүлүшү менен алпурушуп жаткан эле. Ошого
карабастан тибеттиктерге арка тараптан сокку урулду, бул сокку ушунчалык күчтүү
болгондуктан тибеттиктер Кашкардагы өз бийлигин кайра калыбына келтирүүгө
умтулушкан да жок. Муну бир гана жол менен түшүндүрүүгө болот: кашкарлыктар
тибеттиктерди өздөрү кууп чыгышып, уйгур жери аркылуу Кытай менен байланыш
түзүшкөн. Бул жерде, Батыш аймакта, мурда уйгур ханынан качып келишкен кытайлык
оторчулар аз эмес роль ойногон деп ойлоого болот. 821-жылы Хотанда абалдын кандай
болгону таптакыр белгисиз, бирок, тибеттиктер ал жерде да бекемделип калыша алган
эмес. Сыягы, Хотан согушуп жаткандардын ортосунда эбин таап, өз көз каранды
эместигин сактап кала алса керек.
Бирок бул анча көп эмес жоготуулар Тибет үчүн түзүлгөн келишимдин маанисин
кемите алган эмес.
Буддалык багытты туткан тибет тарыхчысы бул тынчтык келишимге так жана толук баа
берет87. «Алыскы чокулары тартылган ак парда сымал созулуп жаткан тоо кыркаларында,
жердин ортолук киндигинде, алсыраган кытайлар тизе бүгүп, тынчтык келишимин түзүүнү
өтүнүшүп, шашылыш түрдө таш мамы орнотушуп, ага жазуу чегип жазышты. Түштүктө
Тибеттин күч-кубатына Индия88 (Бихар жана Бенгалия89) баш ийип турду, батышта Брушал
(Персия менен чектеш дубан) жеңип алынды, түндүктө болсо бүт моңгол мамлекеттери
(түштүк моңголдор — хорлор жөнүндө айтылып жатса керек — Л.Г.) баш ийди.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   eldar96   16 Октябрь 2018 - 12:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Чындыгында да, бул залкар согушта Тибет жеңишке ээ болду. Кербен жолу биротоло
жеңип алынды, мурдагы Цинь падышалыгына чек арада жашаган кытай тургундары
кырылып жок кылынды, эми Кытайга андан ары тереңдеп кирип баруунун зарылчылыгы
болбой калды, анткени Кытай менен согуш жүргүзүп жаткан өлкөгө кытай элементтерин
киргизүү анын ички күч-кубаттуулугун начарлатып жиберишин мүмкүн эле. Уйгурстандын
колу менен бутун кыргыздар менен болгон согуш байлап-матап турган болучу.
Кыргыздардын Ажосу өзүн хан деп жарыялап, өз жеңиштери менен сыймыктана уйгур
ханына мындай деп билдирет: «Сенин күнүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду
алып, анын алдына атымды байлап, төбөсүнө туумду орнотомун. Эгер мени менен
салгылашкың келсе, токтолбостон тез кел, эгер келе албасаң анда тезинен кет»90. Тибет
падышасынын экинчи союздашы, карлуктардын жабгусу, арабдарды сүрүп, исламдын
талаага таралышын токтотту.
Тибет өзү Чыгыш менен Батышты бөлүп, аларга теңдеш болгон үчүнчү мамлекет
катарында алардын ортосунда турду. Эми анын айланасында коркунучтуу душмандар жок
эле, бирок чыныгы коркунуч өлкөнүн өз ичинде күтүп жаткан болучу.
Бон жана буддизм. Тибетте Тисрондецан жана анын мурасчылары башкарып
турган убакта эмнелер болуп өткөнүнө көз жүгүртүп көрөлүк91. Чабал башкаруучулар
(цэнпо) өз букараларына каршы күрөштө буддалык жамааттарды жардамга чакырганын
эске түшүрүп кетели, бул буддачыларды тибет башкаруучуларынан башка эч ким урмат-
сый көрсөтүп, кадырлаган эмес. Согуштардын учурунда күч-кубат дайыма жеңишчи
колбашчылардын колунда болгон, ал эми армияда кечилдер эмес, бон диний ишенимин
туткан куралдуу эл салгылашкан. Мэагцом ценпонун тирүү кезинде будда кечилдерине
айрым бир колдоолорду көрсөтүп, алардын коопсуздугун камсыз кылууга жетишип
турган, бирок 755-жылы ал каза болуп, такка жашы жете элек Тисрондецан отургандан
кийин өлкөдөгү бийлик иш жүзүндө буддизмдин элдешпес душманы болгон Мажан
төрөнүн колуна өткөн.
Мажан буддалык адабияттардын таралышына тынымсыз тоскоолдук кылып, падыша
өзү негиздеген эки монастырды таратып, кууп жиберет. Лавран аттуу башкы буткана мал
союлчу жайга айланат. Ошондуктан будда төрөлөрү Мажанга каршы кутум уюштуруп, буга
падыша өзү да катышат. Мажанды кармап алышып, будда динчилери эч кимди өлтүрүүгө
тийиш эмес болгондуктан, аны тирүүлөй көргө көөмп салышат. Мажан ушундайча каза
табат. Падыша бийликти кайрадан өз колуна алып, Тибетте буддизм кайрадан гүлдөй
баштайт. Бутканалар кайрадан ачылып, Лхастын борбордук аянтында кара ишенимдин
(бондун) жана буддизмдин тарапкерлеринин ортосунда диспут уюштурулуп, албетте,
мында буддачылар жеңип чыгышат. Бирок алар жеңилгендерге өтө ырайымдуу мамиле
жасашты: бон китептеринин бир бөлүгү гана өрттөлүп, башка бир бөлүгүн буддачылар
кабыл алышат.
Бул жетишилген макулдашуу Тисрондецанга, бир жагынан, чыгышка, түндүккө жана
батышка карай экспансияны кеңири жайылтууга, экинчи жагууга мүмкүндүк берет.
Көп узабай ар түрдүү секталарга таандык болгон будда кечилдеринин ичинде
үстөмдүк абалга жетишүү үчүн өз ара күрөш башталып, натыйжада кытайлык кечил
индиялык кечил тарабынан жеңилип, Тибеттен чыгып кетет. Бирок бир нече жылдан
кийин индиялык кечил жеңилгендин шакирттери тарабынан өлтүрүлөт.

Цэнпо Ральпачандын (816—839) тушунда узакка созулган күрөштүн натыйжасында
сарвастивадиндердин хинаяна сектасы жеңип чыгат92. Бул толук жеңиш менен аяктап,
падыша башка секталардын чыгармаларын которууга жана махаяна же тантра буддизмин
үгүттөөгө тыюу салат. Бул саясаттын акыры өтө маанилүү болгон.
Үстөмдүк кылуу үчүн күрөшкөн үч сектанын ичинде Тибетте сарвастивадиндер
баарынан аз популярдуу болгон. Тибеттиктер жин-шайтандарга каршы күрөшүүчү тантра
дубачы-арбоочулары пайдалуу болушу мүмкүн деп ойлошкон, анткени Тибеттин бардык
жеринде жин-шайтандардын күчүнө жана дубалоо- арбоочулуктун таасирине ишенишчү.
Ал эми тез арада куткаруу деп аталган махаяналардын окуусу эч кандай иш кылбай,
«аракетсиз» отура берүү керек дегенди билдирген. Тибеттиктер үчүн мындай
кечилдердин зыяны жок болучу, мындай кечилдерди асырап багуу да арзан болгон.
Сарвастивадиндер «акырындап куткаруу» деген окууну үгүттөшкөн, бул «жакшылык
иштерди» иштөө дегенди билдирген. Жакшылык иш дегенде храмдарды,
монастырларды, бутканаларды, ступаларды93 куруу жана мыйзамды үгүттөө иштери
түшүнүлгөн. Албетте, бардык чыгымдар карапайым калктын мойнуна түшкөн, жаңы
диний ишенимдер аларга кедейлик менен жакырчылыкты гана алып келген. Тибеттиктер
нааразычылык билдирип, күңкүлдөй башташат. «Биздин кедейленгенибизден жана
эзилгенибизден кимдер пайда көрүп жатышат деп суроо беришип, ламаларды колу
менен көрсөтүшүп «Тигине алар» деп айтыша турган болушту. Падыша ламаларга жек
көрүү менен кароого жана аларды сөөмөй менен көрсөтүүгө тыюу салат; бул үчүн
ошенткен адамдын көзүн оюп, сөөмөйүн кесип салуу жазасы колдонулат, бирок бул
чаралар да жардам бере алган жок. Ал эми падыша биринчи министрди сенин ханыша
менен байланышың бар деп айыптап, өлүм жазасына тартууга буйрук бергенде,
башкаларды мындай коёлу, сарайдагы төрөлөрдүн да чыдамы түгөнүп, падышанын
уктоочу бөлмөсүнө кирип келишет да, анын мойнун бурап сындырып, өлтүрүп салышат.
Өлтүрүлгөн падышанын такка отурган бир тууганы Лангдарма буддизмдин душманы
болгон. Өлкөдөгү ачарчылык, малдын кырылышы сыяктуу жана башка кырсыктарды
пайдаланып, бул апааттар үчүн будда динин айыптап, аны куугунтукка алат. Бутканалар
кыйралып, китептер менен иконалар өрттөлүп же сууга агызылып, ламалар мергенчилик
жана касапчылык кесиптерде иштөөгө жиберилет, ал эми бул абройсуз кесиптерден баш
тарткандар өлүмгө өкүм кылынган. Кыска убакыттын ичинде Тибетте буддизм кыйрап жок
болот.
842-жылы Лангдарма будда кечилинин колунан өлөт. Өлкөдө чыр-чатак,
көтөрүлүштөр пайда болуп, ички согуштар жыйырма жылга созулуп, өлкөнү толук
алсыратып, кыйроого алып келгендиктен кытайлар Тибеттеги иштерге дегеле көңүл
бурбай калышкан. Мунун натыйжасында X—XI кк. Тибеттин тарыхы жөнүндөгү
маалыматтар өтө жарды болуп калган, бирок жалпы абал ачык болучу: падышалык
бийлик жок кылынып, уруулардын жолбашчылары өз алдынча майда дубандарды
түзүшүп, булардын ортолорунда тынымсыз өз ара согуштар жүрүп турду.

УЙГУРЛАР VIII—IX КЫЛЫМДАРДА
Жаңы тартип. 780-жылдагы төңкөрүш токуз-огуздардын артыкчылык абалын жок
кылды. Жеңип чыгышкан алты уруу жок кылынган артыкчылыктын кайрадан пайда
болушун эч каалашкан жок. Ошондуктан алар өздөрүнүн эркиндигин кысымга ала албай
турган алсыз бийликтин орношун каалашкан жана алар буга жетишишти. Иш жүзүндө
Уйгур хандыгы монархия болуудан калып, башында өмүр бою бийлик жүргүзө турган
башкаруучусу бар республика сыяктуу бир нерсеге айланып калды. Иш жүзүндө бийлик
уруу жол башчыларынын колуна топтолуп, ханды ошолор шайлай турган болушту. Ал
хандар ушунчалык барк-баасыз болгондуктан тарыхта алардын изи да калган эмес. 789-
жылдан 794-жылга чейин узурпатордун уулу Пангуань башкарып турган. Бирок ал тактыга
мурас боюнча эмес, «бектер тарабынан отургузулган» болучу*
. 794-жылы аны аялы уу
берип өлтүргөндөн кийин тактыга «са컆
, т.а. ууланган хандын буга укугу жок болгон
иниси отурат. Бул саясий эмес, үй-бүлөлүк кырсык болсо да, бектер кийлигишип, тактыны
басып алганды өлтүрүшүп, анын жашы жете элек уулун мурасчы деп жарыялашат.
Бийлик бектер менен бизге аты-жөнү белгисиз болгон, булакта «гйегяньгяс» деп
аталган, ошол тапта тибеттиктер менен салгылашып жаткан күч-кубаттуу колбашчынын
ортосунда күч менен бөлүнүп калган эле. Ал аскерлери менен кайтып келгенде хан менен
төрөлөр аны тосуп чыгышып, боору менен жерге жыгылышып, жан соога сурашып
жалбарышат. Гйегяньгястын көңүлүн алуу үчүн хан Тибетке каршы согушка катышкандыгы
үчүн Уйгурстан Кытайдан алган бардык кымбат баалуу буюмдарды тартуу кылып берет.
Ыраазы болуп, көңүлү көтөрүлгөн гйегяньгяс жаш ханды бооруна кысып, аны колдой
тургандыгы жөнүндө убада берет да, дүнүйөлөрдү аскерлерге тарата берет, ошентип,
бардыгы ыраазы болушат. Бирок бир жылдан кийин хан өлүп (албетте, карылыктан эмес),
гйегяньгястын тарыхтан изи жоголуп, бектердин биринин асыранды уулу, мурдагы хандын
тушунда аскердик даңкка бөлөнгөн Кутлуг хан болуп шайланат.
Бул мураскорлуктун үстүнөн шайлоо тартибинин салтанат курушу гана болбостон,
ошону менен эле бирге конституциялык тартип да түзүлөт: «Бектер, чиновниктер‡жана
башкалар мындай деп билдиришти: «Сен, биздин Теңир берген падышабыз, кымбат
баалуу тактыда бейкут отура бер, өзүңө башкаруучулук жөндөмү тоодой бийик, көлдөй
чалкыган жардамчы ал; мамлекеттин абалына (назар сал?); мыйзамдар менен жардыктар
берилип турсун; Теңирдин ырайымына жана колдоосуна үмүт жүктөйлү. Биз, чиновниктер
сенден мына ушуларды өтүнөбүз»§
.
Бул текст өтө маанилүү текст. Мында хандын бийлигинин чектелгени белгиленген,
анткени ханга жардамчы катарында да өкмөт башчысын дайындоо сунуш кылынган, бул
арабдарда визир, кытайларда чэнсян деп аталган. Экинчи талап сот бийлигине тийиштүү
болгон; мыйзамдардын так болушу зордукомбулукка чек коймок. Акырында келип,
мамлекеттик иштерди чиркөөлүк иштер менен макулдаштыкта жүргүзүү, т.а. манихейлик
жамааттардын башчыларынын ой-пикирлери менен эсептешүү жөнүндө катуу талап
коюлганы белгиленет. Ханда согуш жүргүзүүдөн башка эч кандай милдет калган эместей,
ырасында да биз Кутлуг хандын дайыма аскерлерди баштап жортуулда жүргөнүн көрөбүз.
Бирок Кутлугду бул жагынан да тынч коюшкан эмес. Андан эмнени талап
кылышканын таштагы эстелик жазуу төмөнкүчө түшүндүрөт: «Бардык жерлерде дили таза
жана ак ниеттүү карапайым калк менен жандуу макулуктар колдоого алынып, кара
ниеттер жок кылынсын»** . Терминология бүт бойдон манихейлердин лексиконунан
алынган; «Хуастанифттин» автору Бетюрмиш дал ушундайча сүйлөйт††. Биз манихейлер
жакшылык менен жамандык деген түшүнүктөр аркылуу эмнелерди билдиришкенин
билебиз, ушундан улам, бул текст Кутлуг жеңип алган дубандарда диний куугунтуктоолор
жүргүзүлгөн деп айтууга негиз берет, дал ушунун өзү Кучада да, Чанъянда да уйгурларга
кытайлардын тескери мамилесин пайда кылган болуу керек.
Бирок арабдар да кытайлардан кем калышкан эмес. Хорасандын эмири анын
жеринде бир нече жүз зиндиктер, т.а. манихейлер жашап турганын билип, аларды кырып
салууну чечет. Ал муну ишке ашыргыча ага токуз-огуздардын каганынын элчиси келип,
төмөнкү кабарды билдирет: «Сенин ээлигиндеги зиндиктерге караганда менин ээлигимде
үч эсе көбүрөөк мусулмандар жашайт; эгер сен зиндиктердин бирөөнө эле тие турган
болсоң, мен бардык мусулмандарды кырып саламын». Натыйжада алар да, булар да
аман калат.
Ошентип, биз бири экинчиси менен байланышпаган эки булак боюнча уйгур ханынын
христиан, мусулман жана зороастра өлкөлөрүндө куугунтукка алынып, кырып жок
кылынып жаткан манихейлерди колдоп турганын көрөбүз; анткен менен Уйгурстандын
өзүндө манихейлер өз таасирин пайдаланышып, башка диндегилер каршы куугунтукка
алууларды уюштурушкан.
Тибет менен Араб халифатында эле эмес, Индияда ‡‡ да, Кытайда §§ да жана
Уйгурстанда да башка динге жол бербөө чүлүк доордун мүнөздүү белгиси болуп калган.
Калыбы, уйгурлардын түрктөргө караганда коңшу уруулардын алда канча катуу каршылык
көрсөтүүлөрүнө учураганы ушундан улам болсо керек. Түрктөр өздөрү жеңген уруулардан
баш ийип, алык-салык төлөп турушун гана талап кылышкан, ал эми уйгурлар жеңилип
калгандарды өздөрүнүн бүткүл психикалык маанайын өзгөртүүгө жана бүткүл жашоо-
турмушунун адат-салтынан баш тартууга мажбурлашкан; уйгурлар көчмөндөргө алар
түшүнө да албай, кабыл ала да албай турган түшүнүктөрдү таңуулашкан. Ошондуктан
Уйгурстан эч качан элдешүүгө мүмкүн эмес болгон душмандар менен курчалып турган.
Манихейчилик жана уйгурлар. Уйгурстанда манихейлик чиркөөлөрдүн
кыйратышып жок кылынышы тарыхый кокустук болгон деп айтууга дегеле болбойт.
Манихей дини денелик, материалдык негиздерге каршы ырааттуулук менен күрөш
жүргүзүшкөн, демек, бул, эгерде ал жеңип чыкса, анда ал динди туткан адамдар тукум
курут болот дегенди билдирген. Өзүн-өзү жок кылуу процесси жасалма түрдө кечигип,
жай жүргөнү менен, эмнеси болсо да бул адамдардын белгилүү бир тобунун өздөрүн
өздөрү тукум курут кылуусунун дал өзү эле.
Манихейлердин эң башкы жобосу — өз мүчөлөрүнөн турмуштан кечүүнү, эч качан
жана эч нерсеге канааттанбоону талап кылган, бул болсо сөзсүз түрдө көңүл чөгүп,
санааркоого алып келген.
Экинчи жобосу — адам насилине тийиштүү болгон бардык жакшы нерселерди кабыл
албоо, т.а. боорукерликке жана кайрымдуулукка алардын турмушунда орун жок болгон,
демек, бул ырайымсыздыкка кеңири жол ачып, аны жүрүш-туруштун эрежесине
айландырган.

Үчүнчү жобосу — аскетизм менен бузукчулукту айкалыштыруу жолу менен дене-
бойду алсыратып, кыйноо болуп саналат, бул жобо үй-бүлөнүн жашап турушун мүмкүн
эмес кылган. Үй-бүлөнүн бар болуп турушуна жол коюлганы менен, негизинде ага
керексиз нерсе катарында карашкан.
Бул үч принцип — көңүл чөгүүнү — оор күнөө, боорукерликти — жакшылык, ал эми
бир никелүү үй-бүлөнү түзүүнү — ишенимдин жана асылдыктын белгиси катарында
караган христианчылыкка түп-тамырынан карама-каршы болгон. Манихейлик чиркөөгө
баш ийген коомдо манихейлик доктринаны ырааттуулук менен ишке ашырып отуруунун
жыйынтыгы кандай болорун элестетүү кыйын эмес.
Баарынан мурда аз гана адамдар, негизинен ак сөөктөрдөн чыккандар гана чыныгы
манихейлер бөло алышканын белгилеп кетүү керек. Уйгур койчуга, сабатсыз эр жүрөк
жоокерге сенин жыпар-жыттанган талаалуу мекениң, сүйгөн жарың жана жадырап-
жайнаган нур жүздүү балдарың — барып турган жаман нерселер, сен алардан баш
тартып, кечип кетишиң керек деп айтуу мүмкүн беле? Ал жаагы катуу жаанын жибин
кулачына жеткире кере тарткан күчтүү колун, аны нечен жолу ажалдан куткарып, ага
эркин, көңүлдүү турмушта жашоого мүмкүндүк берген аргымагын жек көрө алмак беле?
Ал Жарык менен Караңгылыктын түшүнүксүз күрөшүн көз алдына элестете алат беле?
Уйгур көчмөндөрүнүн көпчүлүк бөлүгүнүн манихейлер деген аты гана болгону айдан
ачык, алар күндөлүк көнүмүш жашоо-турмушун улантышып, мурдагы эле көнүмүш үрп-
адаттарды колдонушканын токтоткон эмес. Манихейчиликтин бузуп- бүлүндүргүч
стихиясы аларга таасир бере албаса керек***
Бирок бул жагдай ак сөөктөр менен элдин ортосунда бөлүнүп-жарылууга алып
келүүгө тийиш эле; эл өз жолбашчыларын түшүнбөй калышты, ал эми хандар менен
бектердин караңгы, билимсиз букаралары менен сүйлөшкүлөрү келбеди. Мындай абал
өлкөнү чындай алмак эмес. Уйгур коомунун алдыңкы бөлүгү жаңы динди неофиттерге
таандык болгон ышкылык менен кабыл алышты, айрыкча аларга манихейчиликтеги
келишпестикти үгүттөө баарынан көбүрөөк жакты, анткени ал табиятынан согушчан
келген уйгурлардын маанайына төп келип турган болучу.
Тибеттиктер, карлуктар жана кыргыздар менен согушуу эми уйгурлар үчүн жашоонун
башкы максаты болуп калды: ал согуш дин үчүн жүргүзүлгөн согуштарга айланды. Мунун
натыйжасында тышкы саясаттын бардык проблемалары курчуду. Согушту элдин күчү
менен, ошол эл бир кезде өзү коргогон динге жат болгон дин үчүн согушуу керек эле.
Уйгурстандын башына түшкөн кыйроо негизинен анын тышкы жана ички саясатындагы
дал ушул багыт менен шартталган болучу.
Бирок үй-бүлөнүн бузулуп-бүлүнүшү манихейчиликтин барып турган зыяндуу
натыйжасы болду. Ал негизинен уйгур коомунун үстөмдүк абалдагы катмарына —
социалдык себептерден улам Иран менен Орто Азиянын бийик маданиятын кабыл алып
жана өздөштүрүп алган адамдарына зыян келтирген. Зикир чалуулар жана
никесиздердин бузукчулук менен өткөрүлчү диний ырым- жырымдары ден соолугу таза
тукум алууга мүмкүндүк берген эмес. Уйгурлардын бул маданиятка көбүрөөк берилген
бөлүгүнөн майып балдар гана төрөлгөн. Кыскасын айтканда, алар тукум курут болууга баш
койгон.
Тукум-курут болуу процесси тез жүрө койбойт; анын жыйынтыгы сезилерлик болсун
үчүн эң кеминде үч муун, т.а. 80 жыл талап кылынат. Манихейлик Уйгурстан да дал
ушунча убакыт гана жашап, анан кыйраган.
Бирок манихейчиликти кабыл алуунун бул тескери жагы билине баштагандан мурда
анын батыш маданиятын өздөштүрүү сыяктуу оң жагы да байкалган болучу.
Кытайдын руханий маданияты спецификалуу болгондуктан, көчмөндөр аны кабыл
алууну каалашкан жок жана аны кабыл ала алмак да эмес. Биз Тон-йокуктун мисалынан
көргөндөй, кытайлык билим алган түрктөр да, өз көз караштарын кытайлардын көз
карашына карама-каршы коюуга умтулушкан. Тибеттиктер да ушундайча иштешкен;
уйгурлар деле ошентишкен. Бирок мындай мамиле маданий алмашуулардын жолун
бөгөп келген, кийин Согдудан жана Ирандан чыккандардын толкуну гана аларга
Кытайдыкынан кем эмес даражада өнүккөн маданиятка жол ачып беришкен.
Ибн Хордадбег Уйгурстанды түрк өлкөлөрүнүн ичинен эң кеңири аймакты ээлеген
өлкө катарында сүрөттөйт. «Токуз-огуздардын хаканы 12 темир капкалуу чоң шаарда
жашайт, шаардын тургундары манихейчиликти тутушат; эң бийик жерде, анын
борборунда хакандын алтын чатыры турат, ага 900дөй адам сыят; ал беш фарсах алыс
аралыктан көрүнүп турат»
†††. Бул кооз сарайда чабал, талантсыз хандар гана отурган,
алардын даңазалуу титулдарынан башка эч нерсеси калган эмес. Өлкөнү уруу
аксакалдары же манихей «көзү ачыктар» башкарып турган, бирок тарыхта алардын
ысымдары сакталып калбаптыр.
839-жылга чейин Уйгурстанда кыргыздардын көтөрүлүшүн (815-жыл ченде) жана
татар урууларынын Амурдан Иньшанга (820-жыл ченде) ооп кеткенин эске албаганда эч
кандай ири окуялар болгон эмес‡‡‡. Бул мамлекеттин күч-кубатынын начарлашынан
кыйыр түрдө кабар берип турат жана адатта начар башкаруучунун тушунда орун ала
турган кандайдыр бир жааттардын күрөшү жүрүп турган деп болжолдоого болот; бирок
биз алардын кандай топтор экенин жоромолдоп да айта албайбыз. 832-жылы Геса деген
хан «өз карамагындагылардын колунан өлүп»§§§, анын ордун Ху деген аталаш иниси
басат. Дал ошол Хунун тушунда Уйгурстан кыйрайт.
Уйгур хандыгынын кыйрашы. IX к. ортосуна жакын ченде Уйгурстан күч-кубаттан
ажырап калган болучу. Ак сөөктөрдүн бузулуу өз жемишин алып келди. Бектер өз ара
атаандашып, багынтылган уруулар бөлүнүп кете баштады. Жогоруда, 794-жылы
шатолордун бөлүнүп кеткенин белгилегенбиз. 835-жылы татабдар бөлүнүп кетишти.
Бирок кыргыздардын көтөрүлүшү Уйгурстан үчүн бардыгынан көбүрөөк коркунучтуу
болуп чыкты. Кыргыздардын башчысы көз каранды эместикке умтулуп, арабдар,
тибеттиктер жана карлуктар менен достук байланышта болуп турду **** . 818-жылы
кыргыздардын башчысы Ажо өзүн хан деп жарыялайт. Анын энеси түргөштүк каныке, ал
эми аялы тибеттик кол-башчынын кызы болгон; демек, тигилер менен да, булар менен да
анын туугандык байланышы бар эле. Уйгурлардын ханы Бао-Инин көтөрүлүштү басып
салууга жасаган аракети ийгиликсиз бүтөт. Чет жерликтердин эзүүсүнөн кутулганына
ыраазы болбой, Ажо душмандын кыңк этпей багынып берүүсүн талап кылат. «Сенин
күнүң бүттү, — дейт ал уйгур ханына кайрылып. — Мен жакында сенин алтын ордоңду
алып, анын алдына атымды байлап, төбөсүнө туумду илемин. Эгер мени менен
салгылашкың келсе, токтолбостон тез кел, эгер келе албасаң, анда тезинен кет»††††. Ошол
эле учурда түштүктө согушчан шатолор өз күч-кубатын кайрадан калыбына келтирип,
уйгурларга коркунуч туудуруп турган болуч󇇇‡
.
Уйгурлар туш келген оор абалдын себеби алардын өзүндө болучу. Алар өз эркиндиги
үчүн көк түрктөргө каршы зор кайрат-күч менен күрөштү, бирок эркиндик колуна тийгенде
аны кандайча пайдаланууну билишкен жок. Алардын эркиндикти сүйүүсү диалектикалык
түрдө өнүгүп отуруп, акыры, ар кандай уюмдашууну танууга чейин жетти. Алар хандын
бийлигин катуу чектөөгө умтулуп отуруп, акыры максаттарына жетишкенде, ал хандык
бийлик эч кандай мааниге ээ болбой калды. Ушундан улам уйгурлар өз башына коркунуч
туулганда да күчтөрүн топтоштурууга жөндөмсүз болуп чыкты. Түндүк менен түштүктөгү
душмандарына каршы сокку берүүнүн ордуна, уйгур бектеринин арасында кыргыздар
менен шатолорго жан тарткандар пайда болду.
832-жылы Кара-Корумда алтын тактыга Айдынлык улуг Мунмиш Күлүг Билге Чжан-
синь хан деген титулу бар Кут-тегин (кытайча Ху-дэлэ; персиче Хутуглан-хакан§§§§) отурду.
Ал өзүнөн мурдагы хандардан мурас боюнча өткөн кытайлык ханышага үйлөнүп*****, аны
менен чечилбеген көп карама-каршылыктарды кошо алды. Андан аркы окуялар
«Таншуда» өтө аз жазылгандыктан, ал окуялардын себептерин эмес, жалпы жүрүнгүн гана
калыбына келтирүүгө болот†††††
.
839-жылы Күлүг-бег төрө (кытайча Гуйлофу) өзүнө жардамга келишкен шатолорго
таянып, Кара-Корумга кол салат. Хан өзүн өзү өлтүрөт, көтөрүлүштү колдошкон бектер
жашы жете элек Кэси тегинди хан көтөрүшөт‡‡‡‡‡
Кышында кар оор түшүп, көптөгөн кой менен жылкы кырылып, суукка кошумча өлөт
илдети каптап, 840-жылы жаз ченде уйгурлар ачкачылыктан, эпидемиялардан жана
төңкөрүшкө байланыштуу келип чыккан баш аламандыктардан улам начарлап калышат.
Күлүг-бегдин душманы, уруу аксакалы Күлүг- бага кыргыздарды жардамга чакырып, Кара-
Корумду басып алат. Хан менен Күлүг бег өлүм жазасына тартылып, алардын
тарапкерлеринин боз үйлөрү өрттөлүп жиберилет. Уйгурлар дүрбөп туш-тушка качат. Бир
бөлүгү түштүк тарапка качып, тибеттиктерге баш ийишти; Пан Торэ төрө 15 аймакты
Жуңгарияга алып кетип, карлуктарга баш ийип берди, ал эми хан аймагынын 13 уруусу
(сыягы, токуз-огуздардын көбөйүп калган тукумдары болсо керек) 841-жылы март айында
Уге-тегинди хан жарыялашып, кыргыздарга каршы согушту улантууну чечишет. Бирок
Халха§§§§§ бүт бойдон, Кара-Корум жана да уйгурлардын бүткүл кымбат баалуу казыналык
кенчтери душмандарынын колуна өтүп кеткен болсо да, уйгурлардын табиятынан
согушкандыгы жана сууй элек дем-күчү гана аларды каршылык көрсөтүүнү уланта берүүгө
түртүп турган.
Кара-Корумда кыргыздар колго түшүрүп алган олжолордун ичинде кытайлык ханыша
айым — үч уйгур ханынын аялы да бар болуп чыкты. Кытай менен мамилени бузгусу
келбей кыргыздар аны сакчылар жана жан-жөкөрлөрү менен кошо үйүнө дурустап
жөнөтүп жиберет. Уге-тегин кербенге кол салып, кыргыздарды бүт кырып, ханышаны
бошотуп, ага үйлөнөт. Бирок Халхада турууга туруштук бере албасына көзү жетип, Уге
Гобиден ары өтүп, Хуанхэнин боюна жайгашып, өтө зор, ачкачылык баскан, ыркы бузулган
ордону башкарып туруп калат. Кытай өкмөтү уйгурлардын согушту каалабай турганын
билип, алардын жолбашчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү ойлойт. Бирок ачка
көчмөндөр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтпөстөн эле талоончулук менен азык-түлүк
табууга киришет. Бектер абал кайгылуу болуп бүтөрүн көрүшүп, Уге-тегиндин бир тууганы
Умус союздаш шатолордун жолбашчысы Чисинди өлтүрүп салат****** да, күнөөнүн баарын
ага жүктөйт. Ошондо башка бир жолбашчы Насечур Чисиндин 7 миң үйдөн турган
кошуунун баштап, өз тарапкерлерин Маньчжурияга алып кетет. Ал жерде кытайлар
тарабынан талкаланып, кайрадан Угеге качып келет да, анын колунан каза табат. Калган
башка уйгур төрөлөрү Кытай императоруна баш ийгендигин билдиришет.
Өз букараларын багууга каражаты жок Уге Шансиге кол салууга уруксат берет (841-ж.).
Кытай аскери талкаланып, Түндүк Шаньси жана Ордос таланып-тонолот. Бул окуя
уйгурлардын тагдырын оордотту — Кытай өкмөтү колдоо көрсөтүүдөн баш тартып, аларга
каршы армияны жөнөтөт. 842-жылы уйгурлар талкаланып, Ордостун түндүк-чыгыш
аймагынан Маньчжурияга сүрүлөт. Уйгур ханына берилгендикти сактап келишкен
кидандар көрүнгөндү талап-тоноп келе жатышкан качкын уйгурларды көрүшүп, түп
көтөрө Кытайга качып кирет †††††† . 843-жылдын башы ченде уйгурлар кайрадан
талкаланып, жараланган Уге өз тарапкерлери менен «кара арабачандар» уруусуна качып
барышканда, алар уйгурларды кармап, кытайларга кайтарып берет. Уге өлтүрүлүп, анын
букараларынын көпчүлүк бөлүгү туш-тушка тарап, чачылып кетет‡‡‡‡‡‡
.
Угенин бир тууганы Энян-тегин калган уйгурларды башкарып калат. Ал татабдардын
башчысынын өз ыктыяры менен берип турган каражатына жашап турат, бирок 847-жылы
Кытай аскерлери татабдарды талкалаганда Энян татарларга (шивэйлерге) качып барат.
Кытайлар аны кармап берүүнү талап кылганда уйгурлардын акыркы башчысы аялы, уулу
жана тогуз атчан адам менен чогуу кайсы бир тарапка кеткен бойдон дайынсыз жок
болот.
Кыргыз ханы уйгурлардын акыркы хандыктары татарларга келип баш калкалашканын
билип, он миң аскерди баштап Манчьжурияга келет да, качкындарды колго түшүрөт. Бир
аз аман калгандары «токойлор менен тоолордо жашынышып, талап-тоноо менен жан
багышып жүрүп отурушуп»§§§§§§, батышка ооп Пан Торэге келип кошулушат.
Натыйжа. Уйгур дөөлөтүнүн жок кылынышы бул жалаң гана согуштук-саясий акция
болгон эмес. Уйгур аскерлерин талкалагандан кийин Кытай өкмөтү дароо эле монилердин
(манихейлердин) китептерин жана идолдорун чогултуп, жолдо өрттөп жиберишет да,
дүнүйө-мүлкүн казынага өткөрүп берет»*******. Башка динге жол коё билген кытайлардын
мындай чечкиндүүлүгү иштин өтө олуттуу экендигин көрсөтүп турат; бизде кытайлардын
манихейлерге жасаган мындай мамилесинин себептери жөнүндөгү маалыматтардын
ушунчалык аз болгону өтө өкүнүчтүү. Кандай болгон күндө да, манихейлердин
жамаатынын талкаланып, буддалык үгүт-насыят иштерине жол ачылганы бештен белгилүү
болуп отурат.

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   eldar96   16 Октябрь 2018 - 12:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

X к. уйгур тилине «Алтын жарык» деп аталган сутра††††††† которулат, бул мындай
адабиятты окуй тургандардын саны көбөйүп калганын кабарлайт. Андан ары буддизм
манихейчиликти толук сүрүп чыгат.
Уйгурларды талкалагандан кийин Кытай менен кыргыздардын ортосундагы мамиле
бузулат, анткени кытайлар Кыргыз хандыгынын күчөп кетишине жол бергиси келген
жоꇇ‡‡‡‡‡. Бирок алардын ортосунда согуш чыккан эмес.
Кыргыздар уйгурларды жеңгенин бейит үстүндөгү эки саптан турган таш жазуу менен
белгилешкен, бул жазуу «Эне-Сай эстелиги» деген аталыш менен белгилүү. «Менин элим,
менин ханышам, менин уулдарым, менин эли-журтум, силердин баарыңардан 60
жашымда [бөлүндүм=өлдүм]. Менин ысмым Эл-Туган-тутук. Мен кудай берген элди
башкарууга жиберилген элчи элем. Мен алты бектин элдеринин да беги элем».
«Алты бектин эли», же «алты курам эл» дегенибиз — бул 780-жылдан кийинки
уйгурлар. Алардын үстүнөн Эл-Туган-тутук бек жана «älči» болгон. Жалпы эле «älči» деген
сөз элчи дегенди билдирет, бирок бул жерде, ал, сыягы, «өкүл» деген мааниде
колдонулса керек, мынадай болгондо ал бир эле элге башчы (bаү) да, элчи да болгон
дегенге карама-каршы келбейт. Ал ханга эмес, guncui ханышага (кытай тилинен; термин
көк түрктөр тарабынан колдонулган) кайрылат. Датаны тактоо үчүн бул өтө маанилүү: Ажо
847-жылы өлгөн, демек Эл Туган-тутук андан кийинчерээк өлгөн, ошондуктан ал анын
мурасчысы — ханышага кайрылып отурат. Мына ушунун негизинде биз Халхада калган
уйгурлар кандай абалга туш болушканын билдик: алар баш ийген эл катарында кыргыз
элинин курамына кирген, анткени ушундай элди башкаруу үчүн тутук деген титулу бар
чиновниктер дайындалып турган§§§§§§§
.
Уйгурлардын дөөлөтүнүн «кудай берген эл» деп аталганы өтө маанилүү нерсе, кыргыз
эстелик жазуусу жогоруда жазылган Уйгур хандыгынын теократиялык мүнөзүн белгилеп
отурат.
Пан Торэ батыш чет-жакага алып кеткен уйгурлардын абалы алда канча оңтойлуу
болуп чыкты. Карлуктарга барып башмаанек тапкан уйгурлар көп узабастан эки топко
бөлүнүп кетет: алардын көпчүлүк бөлүгү бир кездерде өздөрү тибеттиктерден коргоп
калышкан Кучага жайгашышат, ал эми экинчи бөлүгү — Тибеттин чек арасына, Беш-
Балыкка жакын жерден орун алышат********
.
Тибетти титиреткен ички согуштар алар күч-кубаттуу болуп турган мезгилде
багындырган дубандардагы абалга таасирин тийгизбей койгон эмес. 848-жылы Дунхуанда
жергиликтүү (т.а. кытай) калктын көтөрүлүшү чыгат. Көтөрүштүн башында жөндөмдүү
кытай офицери Чжан И-чао турат. Ал өз аскерлерин «өз парзына берилген жоокерлер»
деп атап, 850-жылга жакын ченде уйгурлардын жардамы менен Хамини жана Турпанды
басып алат††††††††. Бирок ал Ганьчжоуда бекинип алышкан тибеттиктерди биротоло кууп
чыгууга жетише алган эмес, ошентип, кызыл кыргын 10 жылдан кем эмес мезгил бою
улана берген.
Ошол мезгилде уйгурлар күч топтоп жатышты. Кытайга жетип жаткан маалыматтар
үзүндү-кесинди түрдө болсо да, жаңы уйгур хандыгы жашоого жөндөмдүү экендигин
билүүгө мүмкүнчүлүк берет. 85бокылы Кучада жаңы хан Манли отурган болучу, ал Кытай
менен союзду жаңыртууну ойлойт§§§§§§§§
.
Бирок бир жылдан кийин Уйгурстанга баруучу жол бөгөлүп калат*********, калыбы,
тибеттиктер контрчабуулду башташса кереꆆ†††††††. Ошондо бул ишке жуңгар уйгурлары
кийлигишет. Беш-Балыкта бекемделип алган Бугу Цзунь‡‡‡‡‡‡‡‡‡ бек кытайларга жана Тибет
өкмөтүнүн душмандары болгон, бон динин колдогон тарапка жардамга келет. Бул бон
динин колдогондорго тибеттик буддачылардын жетекчиси Шан Бибинин жан-жөкөрү,
тогондук колбашчы Тоба Хуай Гуан башчылык кылат. Согушчан бондун кысымы астында
манихейлер, буддачылар жана Конфуцийчилер өздөрүнүн карама-каршы көз караштарын
унутушуп биригип кетишет да, каармандык көрсөтүү жагынан атаандаштарга айланышат.
Тибеттин өкүмдары, колбашчы Шан Кунжо§§§§§§§§§ душманды эч качан болуп көрбөгөндөй
күч менен талкалап салууга аракеттенет, бирок «уруулар аны ээрчишпегендиктен**********
,
тибеттиктердин чабуулу мүдүрүлүп, токтоп калат. Бугу Цзунь Сичжоудагы (Турпан оазиси),
Бэйтиндеги (сыягы, Беш-Балыктын жанындагы чек аралык форт болсо керек), Луантай
(Үрүмчүнүн жанындагы), Цзинчэн (Үрүмчүдөн батышка карай 250 ли) сыяктуу тибеттик
сепилдерди басып алып, Теңир-Тоо койнунда тибеттиктердин басымдуулук кылып
келгенине чек коёт.
Кытай колбашчысы Чжан Ки-юн Ганьсуда Шан Кунжонун өзүн жеңилишке учуратып,
көптөгөн туткундарды жана ошол учурда тартыш болуп турган көп сандагы курал-
жарактарды
†††††††††† колго түшүрүп алат. Шан Кунжо Хуанхэнин жогорку агымынан түштүк
тарапка чегинет, бирок жергиликтүү калктан чыккан бирөөлөр узурпатордун оор абалы
жөнүндө Тоба Хуай Гуанга кабарлаганда тогондук колбашчы анын Тибеттин ичкери
тарабына чегинип кетүүсүнө мүмкүндүк бербөөгө умтулат. Уйгурлар менен кытайлар
шашылыш түрдө түштүк тарапка, Көкөнөргө жете келишип, Гуо шаарчасында (Сининдин
түштүк тарабында) чечкиндүү салгылашка киришет. Шан Кунжо толук талкаланып, өзү
туткунга алынат. Адегенде анын буттарын кесип салышат, андан соң анын бардык
күнөөлөрүн санап айтып беришет да, башын кыя чабышат. 866-жылы декабрда Тибеттин
биротоло толук талкалангандыгы жөнүндөгү кабар менен бирге Чаньанга Шан Кунжонун
башы да жеткирилет.
Ошентип, Тибет менен Кытайдын эки кылымга созулган согушу бүтөт, бирок Кытай
жеңиштин жемиштерин пайдалана алган жок. Тан империясынын өз ичинен бузулуп-
ыдырашы ушунчалык тереңдеп кеткендиктен, бул процесс кайра жангыс болуп калган
эле. Мунун натыйжасында Тан империясынын акыркы императорлорунун тышкы саясаты
чет жерликтерге Кытайдын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө аракети менен
гана чектелип калган.
Мындан уйгурлар утуш алышты — Бугу Цзунь анча чоң эмес, бирок бекем дубанды
түзөт; ага Беш-Балык менен Турпан оазисинен башка да, Куча, Лобнор көлүнүн түндүк
жээги жана Манас дарыясына чейинки Жуңгария кирге퇇‡‡‡‡‡‡‡‡. Бул кичинекей дубан
хандык деп аталууга татыган эмес, ошондуктан анын беги «идыкут» деген титулду алып
жүргөн. Ошондой болсо да, бул кичинекей үрөндөн орто кылымдардагы Уйгурстан өнүп-
өсүп чыккан болучу.

АЯГЫ

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   ALATOOLUK.JIGIT   16 Октябрь 2018 - 16:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 210
  • Катталган: 13 Апрель 16
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 18:36
  • Жынысы:Эркек

Э азамат экенсин автор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   egiz-jigit   16 Октябрь 2018 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 688
  • Катталган: 17 Август 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 11:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:===>

Рахмат Элдар коп нерсе билип алдык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 10 Авг 2025 23:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: