Суперстан: Сокенин "командасы" маркумдардын эсебинен байлык куроого оттубу?! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сокенин "командасы" маркумдардын эсебинен байлык куроого оттубу?! Ажы чалыш Сокенин ыймандан кеткен кадрлары...

#1 Пользователь офлайн   Patriot7777777   14 Ноябрь 2018 - 15:17

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 05 Авг 2019 21:34

Ыраматылык Улан Эгизбаев "кор сатуу" "бизнесинин" жузун ачып берди эле, болбосо кор сатуу "бизнеси" Акаев доорунда эле туптолуп, 15-20 жылдан бери иштеп келген...

Бирок коомчулуктун копчулук катмары бул "бизнестен" кабары жок болуп, бул шумдук кабарды укканда жакаларын кармашты эле. Башкасы бутуп маркумдарды комууго берилуучу жер да сатылып "бизнеске" айланганбы деп...

Соке бийликте турган ушул жылдын май айларынан тарта чет жерде каза болгон жарандарга 50 мин сомдон акча болуп беруу боюнча токтом кабыл алынып, ага 10 миллион сом болунуп, ошол акчанын копчулук болугу таратылганы айтылып келет. Бул айтылган кептердин канчасы чындык?! Ошол акчалар чындап эле чет жерде каза болгон маркумдардын жакындарына берилип жатабы же Сокенин бийликте отурган кадрлары жен ичинен жеп, маркумдардын эсебинен байлык куроодобу?! Эгер ошондой болсо, ажы чалыш Сокенин кадрларынын кылган иши жеткен ыймансыздык эмеспи?!!

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7777777: 14 Ноябрь 2018 - 15:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Patriot7777777   14 Ноябрь 2018 - 15:25

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 05 Авг 2019 21:34

Учурда айрым мигранттар «жүк 200» боюнча өкмөттүн жардамын ала албай нааразы.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткириш үчүн июндан бери 50 миң сомдон жардам бөлүп жатат. Мындай жөлөкпулду адамдын каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана тууганчылыгын аныктаган документ менен алууга болот.

Өкмөттүн жөлөкпулу мигранттардын "жүк 200" көйгөйүн чечти дегени менен, мигранттар бул акчалай жардамды колго алуу кыйла машакаттуу болуп жатканына нааразы.

Москвадагы “Кадамжай” коомунда Сарыбай айылынан келгендердин төрагасы Абдилбос Арзыбаев он айда жердештер Кыргызстанга 15 маркумдун сөөгүн жөнөтүшкөнүн, бирөөндө да өкмөттөн акчалай жардам алууга мүмкүн болгонун билдирди:

Абдилбос Арзыбаев.
Абдилбос Арзыбаев.
​- Карасак, жакында Мамлекеттик миграция кызматындагы Алмаз Алыбаев деген «жүк 200» боюнча 132 маркумдун туугандарына 5 миллион 870 миң сом бергенин айтып жатат. Биз, кадамжайлыктар, жыл башынан бери Орусиянын ар кайсы бурчунан 15 сөөктү өз күчүбүз менен кетирдик. Алардын жакындары кайрылып, бири да жөлөкпул ала албаптыр. Бул алар айтып жаткан сандын 10 пайызын түзөт го?! Бир мисал, ушул Сарыбай айылынан каза болгон С. Садировдун туугандары атайын Бишкекке барып, акча ала алышпаптыр. Коомубузда юристтер бар. Биз документтердин баарын тууралап жөнөткөнбүз.

Июндун аяк жагында Орусияда иштеген Д. Жолдошов атуу уулун жоготуп алган Гүлсана маркумдун жакындары Бишкектеги миграция кызматына кайрылышканын, бирок жардам ала алышпаганын айтты:

- Иним барып, документтерди тапшырып, андан ары Москвага кеткен. Кийин кызым барып сураса, «силер кечиктиңер» деп жооп беришиптир.


_____________________

Жөлөкпулду алуунун дагы бир кыйынчылыгы – документтерди Мамлекеттик миграция кызматынын Бишкектеги башкы кеңсесине тапшырыш керек. Мындай шарт алыскы айылдарда жашаган маркумдун туугандары үчүн кыйла машакаттуу.

43 жаштагы Нурлан Абдуллаев эки ай мурун Сахалинде каза болгон. Анын карындашы Айгүл маркумдун туугандары өкмөттөн берилчү акчалай жардамды жол азабынан ала албай жатышканына кейиди:

- Ким барат? Ата-энебиз кары адамдар, айылда турушат. Калганыбыз бул жакта иштебиз. Жарымыбыз Москвада, калганыбыз Сахалинде. Биздин Бишкекке барышыбыз эле 50 миң болот. Чет жерден сөөк алып баруу оңой эмес экен. Сахалинден Ошко 2-3 учак которуп алып барганбыз.

Абдилбос Арзыбаев "жүк 200" боюнча өкмөттүн жөлөкпулу жер-жерлерде берилиши керек деп эсептейт.

- Муну облустарда, райондордо берилгендей кылыш керек, - деди ал. - Жакынын, бир тууганын жоготуп, жабыркап отурган үй-бүлө борборго барып алышы керекпи?! Тээ алыскы айылдан келип кеткени эле канча чыгым?! Мен муну жалгыз өзүмдүн атымдан айткан жокмун. Азыркы кырдаалга “Кадамжай” коомундагы 10 миңдей мигрант, баарыбыз капабыз.

Москвада 30дай коомдук уюмдан турган кыргыз диаспорасынын айрым активисттери учурда жөлөкпулду Кыргызстанда аймактарда берүүдөн тышкары, Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүнөн берүүнү суранып, кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңешке расмий кайрылышканын билдиришти.

Мамлекеттик миграция кызматынын адиси Улан Шамшиев жыл башынан бери 151 кайрылуу боюнча 7 миллион сом өлчөмүндө өкмөттүк жардам төлөнгөнүн билдирди:

- Кайрылгандардын баары эле чегерилди. Эки мекендешибиз Орусиянын жарандары экен. Аларга чегерүүгө мыйзам жол бербейт.

151 кайрылуунун ичинен 28ине акчалай жардам эски шарттар менен чегерилген. Кыргыз өкмөтүнүн 50 миң сомдук жөлөкпул боюнча токтому 1-июнда күчүнө кирген. Ага чейин чет жакта каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүдө өкмөт жол чыгымдарын тастыктаган квитанциялар боюнча каражат бөлүп келген.

________________________

P.S. Маалымат булагы башка сайт.

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7777777: 14 Ноябрь 2018 - 15:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   KRIMINAL   14 Ноябрь 2018 - 15:48

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 580
  • Катталган: 05 Февраль 18
  • Соңку аракети: 31 Янв 2019 22:38

Фрунзесиңби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Patriot7777777   14 Ноябрь 2018 - 15:59

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 24 Июнь 18
  • Соңку аракети: 05 Авг 2019 21:34

Эми менден бир сунуш. Окмотто иштеп, ушул акчаны болуп берууго жооптуу адамдардан ошол 50 мин сом берилген маркумдардын ысымдарын тизмелеп чыгуу керек. Соке тиги жакта туруп коррупция менен курошуу керек деп купулдогону менен, бийликте бут ууру-каракчы кузгундар отурат, айрымдары лично Сокенин макулдугу менен кызматка дайындалгандар. ....

Миграция кызматы жыл башынан бери чет жерде каза болгон 132 жарандын баарынын жакындарына акча толонгонун ырастоодо. Ал эми маркумдардын жакындары 50 мин сом эмес, 50 тыйын да алышпаганын айтууда. Демек лртодогу миллиондор кайда кетти?! Урматтуу журналисттер, ушул тема боюнча иликтоо жургузсонор кантет?!

Миграция кызматынан ошол 132 адамдын тизмесин алгыла да, коомчулукка кайрылгыла, ким жардам алды, ким албады деп, ошол 132 маркумдун жакындарына. Ошондо Сокенин ишенген "кадрлары" маркумдардын канча акчасын уурдаганы аныкталат... Болбосо мойнуна албай келуудо булар...

Кор сатуу бизнеси жолдо калып, эми маркумдардын акчасына кол салгандарын кандай тушунсо болот?!!

Чубак ажынын "ажыга барган, такыба" деп урматтап кошомат кылган Соке байкесинин/ акесинин кадрларынын жемкордугу урой учурат го?!!

Бул нерсени иликтеш керек. Чу деген жерден эле миллиондорду сугунуп жатса Окмот адамдары..... Болгондо да маркумдардын акчаларын...

Билдирүүнү түзөткөн: Patriot7777777: 14 Ноябрь 2018 - 16:04

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   15 Ноябрь 2018 - 12:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эскертүү! Темадан алыс билдирүүлөр өчүрүлдү!



Musafir ,
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого, жеке айтышууларга тыюу салынган! Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   02 Январь 2019 - 03:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Мурунку бийликтен бери келе жаткан иштерди азыркы бийлике оодара салган жаман да .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Июл 2025 01:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: