— Осы Сайдак кожом, сен кыргыздарга жаныңды берип келген жоксунба? Мынчи неге мактайсың, — деп кожону каарып өттү. Үй ичи тунжурай түштү. Өлөң айтып, нускалуу сөздөрдү сүйлөй казак, кыргыз арасын көп аралап, эл көргөн, жашы жетимиштен ашкан Бөлтүрүк чечен малдашын копшой оңдонуп отуруп: — Аллаяр ханым, аман жүрсүн жаның, мен көптү көрдүм, көптү билдим, сөзүмдү тыңда.
Кыргыз арзан эмес — кыйын дусман,
кыргызга катылган, калат бушман.
Жери бек болот, жарагы көп болот.
Ашуусу бийик болот, атканы кийик болот.
Атканы бараң болот, айылы жалпы конот.
Аты күлүк болот, жигити билик болот.
Абышкасы чечен болот, алышканы кесел болот.
Найзасы кыска болот, сөзгө уста болот.
Жаудан кашпайт, ашыгып шашпайт.
Таусынын басынан ак кар кетпейт, кыянат кылам деген кыргызды кууп жетпейт, алдырып кайтат,акыры арманын айтат. Атаң Аблай хан далайды жеңген, бирок саяк Садырды өлтүрөм деп кунуна миң казак берген. Ата-бабаң тынчып жаткан эмес, кызыккан менен кыргыздан пайда тапкан эмес. Алляр ханым, менин тилимди ал, Ормон бир боор элбиз биригели десе,хандыкты өзүнө калтырып, бийликти сага берсе, хан деген наам анда болсо, эки элдин тизгин, чылбыры сенде болсо, андан ары Коконду аласың, түрк насили мусулмандардын башын кошуп, орыска барасың. Орысты ойрондоп, эл-журтуңду бошотуп аласың. Казак, кыргыз, өзбек калың журтка баш болуп, бийликти колуңа аласың, — деди сакалын сылай, сыпайы отурган калыбында. Кенесары кебелбей мелтиреп ойлуу. Бирде Кенесарыга астыртан көз жибере, бирде Бөлтүрүк чеченди жекире карап, бүйрү кысып отурган төлөңгүттөрдүн башчысы: — Ойбай, чеченим не деп турсуң? Кыргызыңды мактайсың, мактаганың кеп эмес, Атпай Алаш түрүлүп барса, түйшүктү салса, Кене хан ачууланса, кара кыргыз эмес кудайды да жеңбейби. Калмакты жеңди — колунан келди. Орусту жеңди — жеңгенин көзүң көрдү.Кыргыздын несин айтасың, калың кошун бармак керек, калайманды салмак керек. Кыз келинин олжолоп, кыйырын басып алмак керек, — деди сөзүм жактыбы деген таризде Кенесарыга көшөкөрлөнө көз жиберип. Кенесары кебелбейт. — Тооба келтир, төлөнгүт башы төрөм, текебер Теңирге сыйбайт. Казак кыйрата берсин деп кыргыз карап турбайт. Чениң менен эсир, кыргыздан кыз алам деп, өз аялың калбасын жесир. Бул кесирди жаштыгыңдан айтып турсуң, сапырып сары кымыз ичкен мастыгыңдан айтып турсуң. Төрөм каниет кыл бул жайда, катылбагын Кудайга, — деп жакасын кармай, тобо келтирди Бөлтүрүк чечен. — Ойбай, тилде сөөк жок го. Бөлтүрүк чечен айткандай, Кудайга тийишпейли.
Бирок кыргызыңды канша мактасаң да, касиеттүү Аблай туусун көтөргөн Кене хандын колуна туруштук бере алмайды гой, — деп дөгүрсүгөн төлөңгүт башынын сөздөрүн жымсалдай, бирок көтөрүлө сөз улады чубуртмалуу Агыбай баатыр. — Энди Кудайга тийишпесек да, кыргызга алыбыз жетеди гой, Бөке. Сиз кыргызды асманга чыгардыңыз.
Казак кыргыздан кем эмес, артык гой. Көп десе көппүз, бек десе бекпиз. Кенекебиз жахангер өкүмдар гой. Ана орыстар да бизди жеңе албады. Кудай кааласа күч жыйнайлы. Кыргызга барууну кечиктирбейли.
Кенесары кебелбейт да, солк этпейт. Бөлтүрүктүн сөзү да, төлөңгүт башынын сөзү да кулагынын сыртынан кеткен сыяктуу. Агыбайдын сөзүнө да көз ирмебеди. — Агыбай баатырдын айткандары жөндүү гой, — деп сөзгө аралашты дөгүрсүп отурган султандардын бири, — казак-кыргызга хан болгусу келген Ормонду Кене хан алдына чөгөлөтөмүз.
Кене хан алдында Кудай таала болсо да туруштук бере алмайды.Чектен ашкан кесирге, Кудай тааланын атына айтылган текеберге жаны күйгөн Бөлтүрүк чечен малдашын жаза чөк түшүп отура, жакасын кармай, тобо келтирип: — Ойбай, карагым, тобо келтирсеңши.
Сенин бул кесириң алты сан алашка тийет го, — деп чебелене Кенесарыга көз жиберди. Ал мелтиреп кирпик ирмебейт. Жыйында отурган сакалдуулардын бири: — Бөлтүрүк чечен туура айтат. Текебер сөздөр — бекер сөздөр. Андан көрө жоо жайын сүйлөбөйсүндөрбү.
Ону коюп, Ормон менен кармашууну айтсаңаршы.
Оо, Кудай, кечире көр,бекер ооз пенделериңди,
— деп жакасын кармады. Кенесары солк этпей мелтирейт.
Улуу жүз казагы чапырашты уруусунун билерманы Шоорук обдула Кенесарыга көз жибере: — Ой пирим, Көке, сиз да Бөлтүрүктүн сөздөрүнө кошулдуңузбу?
Ал өлөң айтып, айыл кыдырып жүрүп кыргыздын кымызын көп ичип, этин жеген, ошону актап турганы гой. Кенехан келгиле, биригели десе, хандыгыңды бер деп алар эсирген экен го. Кыргыздар ким болуп калыптыр. Кыргыздын жолборс чапкан баатыры Жамангараны баш кылып он эки эренин жайлаган колум ушул гой. Неге жүрөксүйсүңөр,
— деп колун жаңсай Кенесарыга көз жиберди. Кенесары мелтиреп үн дебейт. — Ак боз тулпар алдымда турат, ак найза колумда турат, албарс кылыч жанымда турат, алтысан казак артымда турат, ак жолтой Кенекем туу болуп алдымда турат. Кыргыз эмес кытайды бузар шаам бар. Неге карап турамыз? Колду азырлап, көп кечикпей аттаналы жортуулга, —деди Кенесарынын жоокер иниси жашы жыйырма беште толукшуп турган Норузбай баатыр. — Аллаяр таксыр, — деп сөз баштады Кенесарыга көз жибере, улуу жүздүн ботпай уруусунун билерманы Супатай бий: — Арийне, Алла таалам жар болсун казак, кыргыз, өзбек мусулман журтун баш коштурам деген тилегиңе. Казак, кыргыз карлыгачтын кош канатындай бир тууган эл. Сабыр этели, ойлонолу. Бөлтүрүк чечен айткандай, кыргыз оңой жоо эмес, жоого шай, доого чыйрак эл. Кыргызды чабам деп хан атаң Аблай айтылуу Бердикожо баатырдан, Берен Барак, Сан Барак султандарынан айрылып, сабын көргөн. Өткөндүн сабагын эстей жүргөнүбүз оң. Ормон хан менен дагы сүйлөшөлү, мен өзүм барайын. Ар кимибизге төп келгендей ынтымакташуунун жайын сүйлөшөлү, — деди. Эртеден бери солк этпей ойлуу отурган Кенесары отургандарга бир сыйра көз жибере, салмактуу үн менен: — Мен душманым кыргызбы деп жүрсөм душманым өз ичимде экен го. Супатай бий, сен кыргызга боор тартып турасың го. Ушу сен Ормон менен сөздөшүп алгандан соосуңбу? Андай болсо кыргызды талкалагандан кийин сени менен сүйлөшөм. Кара-Кеңгирде касиеттүү Алашхандын мазары жанында бабабыз Аблай хандын туусун жайган калың казак мени хан көтөргөндө хандыкты кыргыз Ормонго өткөрүп бер деди беле? Ыя? — деп Бөлтүрүк чечен менен Супатай бийди каарый карап, сөзүн улады. — Аблай хан кыргыздан сабын көргөн деп мени коркутканыңарбы?
Бабабыздын кыргызга салган жайыл кыргыны эсиңерде жокпу? Казакка да хан болууну көксөгөн көөдөк кыргызга саламын андан чоң кыргынды. Азирленгиле,
Супатай, Үрүстөм, Абулпейиз, Сүйүк султандар ар бириңер ат жарагы менен эки миңден кол чыгарасыңар.
Агыбай баатыр; Норузбай төрө экөөңөр алардан келген жоокерлерди бирден санап өткөрүп аласыңар. Ким менин буйругумду аткарбаса, айылын чаап, малын талагыла. Жыйырма миң кол топтоймун. Ага чейин кыргыз айылдарын четинен чаап, өрттөп, малын талап туруу керек. Кол азирленип бүткөндө үлкен казатты өзүм баштаймын. Кыргыз эсирген экен, байталдары жал алып, койлору куйрук байлап, жигиттери богок байлап, кыздары эмчек байлап калган сыягы бар. Көргөзөмүн кызыкты, саламын бабалары көрбөгөн бузукту. Бабабыз Аблай хандын жолун жолдойлу, Аллохи акбар, — деп сөзүн бүтө жыйынды таратты.
Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман
#102 20 Март 2019 - 14:39
ЧАБУУЛ
1847-жыл, жалган куран айы.
Капка алдындагы кыргыз айылында бейкут тиричилик. Мал көк кубалап калган маал. Эрте телчиккен козу-улактар төш таяна жайылууда. Айыл ортосуна тартылган көгөндөр бош. Талас суусун бойлой тартылган желелерде байлалуу кулундар, саан бээлер үйүрүнөн бөлүнбөй отокто. Кемегелерден, үйлөрдөн түтүн булайт. Кээ бир үйлөрдүн эшиктери түрүлүү. Четки көөнө боз үйдүн босого туурдугу сыйрылып, кереге көзүнөн өткөрүп үч-төрт аял аркан эшип жатат, Андан берки ак үйдүн алдында курулган өрмөктө орто жаштагы, буудай өңдүү субагай, кара каш, кара көз аял өрмөк өрүүдө. Боз үйдөн чыккан тараз бойлуу кош этек көк көйнөкчөн, тик жакалуу жеңил кемсел кийген, жоолугун алдына байлана көзү күлүңдөгөн кара тору келин: — Айиий, апа, төмөн жактан чыккан чаңды караңызчы, — деди. Өрмөктөгү аял колун маңдайына серепчилей: — Жылкы айдап, Капканы ашканы бараткан жылкычылар го, — деп адыргыны көтөрүп, аркак өткөрө баштаганда: — Аблай, Аблай... Кене хан... Кене хан, — деп абаны термелткен ач кыйкырык сала атчанд арайылга чабуул коюп кирип келишти. Эч нерседен капарсыз бейкут тиричиликтеги эркек, аялдар эмне окуя болуп кеткенин биле албай элейишти. Көк ала сакал карыянын жанында турган жигит: — Аба, булар Аблай, — деп кыйкырып келатышат. Казак баскынчылары окшойт. Атка минели, — деп үйдүн жанында сайылуу турган найзаны алып, кермени көздөй бет алганда: — Карачы, куралдуу атчандардын көптүгүн. Биздин он чакты жигиттин колунан эмне келет. Бөйдө өлүм болбой тура туралы. Алышар кез алдыда болот го. Ашыкпа, — деп сакалын сылай,ичинен келме келтирип турду. «Аблай» деген чуу менен атчандар айылды аралай тапырактата чаап кирип, жолуккан эр бүлөлөрдү найзалап жыга, суу боюндагы желелерди кыркып, жайылган жылкыларды төмөн кайрып, чаңдата айдап жөнөштү. Кээ бир зөөкүрлөр аттарынан ыргып түшө кыз, келиндерди уйпалашты. Аблай чуусу найза, кылычтан өлгөндөрдүн ата-энелери, катын-балдары жакындарынын үстүнө өмгөчөктөп сыздаган муңдуу ыйы абаны титирете, айылга кандуу калайман түштү. Жанарак атка минейин дегенде карыя токтотуп койгон жигит карындашын жулмалаган баскынчыны бычак менен сая жыгып, атына мине: — Кыргыз, кыргыз, Бүргө баатыр, — деп ураан чакыра жылкыны айдап бара жаткандардын артынан жетип, экөөнү аркасынан сайып, аттан түшүрдү. Үчүнчүсү кайрылып найза сунду. Канында эрдик намысы кайнаган жигит аны да сайып түшүргөндө, төртүнчүсү капталдан чыгып, чокмор менен желкеге урганда жигит ат жалына өбөктөп барып, жерге кулап түштү. — Үйлөргө өрт койгула, эр-бүлө тирүү калбасын, — деп барк этти да, туулга соот кийген карасакал шейит кеткен ээсин кыя албай кишенеп турган атты чылбырлай, жылкы артынан жөнөдү. Айыл кызыл өрткө бөлөнүп, курумшу, күйүк жыттанган ачуу түтүн асманга буралып, теребел ызы-чуу, өкүрүк, ыйга толду. Казак элинин улуттук боштондугу үчүн күрөшүүгө чыккан Кенесары Касым ыйык ишинен четтеп, кандуу жолго түшүүсү ушундай башталды. Баскынчылар талоонго алган малды Мерке чебин курчап турган жыйырма миң колдун азык түлүгү үчүн алып баратышты. Кыргыздар менен кармашууда артынан сокку уруу коркунучун жоюу үчүн Кенесарыга Мерке чебин алуу зарыл эле. Казактын өсүмдүккө куник боз талаасында тогуз байсалуу Мерке чеби кароол секичелери, мечит мунарасы менен көзгө урунат. Түштүк тарабындагы баштарын ак мөңгү баскан тулаңдуу кыргыз тоолору булут челе суналат. Тоо кыркасынан көтөрүлгөн күндүн булутка чулгана үзүл-кесил тийген нуру кунарсыз. Чептин түштүк тарабындагы дөңсөөгө тигилген Кенесарынын көк чатыры алдында айчыктуу жашыл туу желбирейт. Хан чатыры тандалма төлөңгүттөрдүн катаал кайтарыгында турат... Чептен кыйла обочо жолдо үйлөр тигилип казак баскынчыларынын айылынан түтүн булайт. Казысы карыш бээлер союлуп, кандуу булоон түшүүдө.

Fall into my trap :)
#104 20 Март 2019 - 14:47
Куралдуу жоокерлер чепти үч айланта курчашкан. Алдыңкылары жебе учуна майланган кебезди күйгүзүп, чептин ичин аткылоодо. Чеп ичинен ар кай жерден өрт «жалбырт» этип, түтүн буланууда...
Мунарадан, чеп кырынан көрүнгөн Кокон жоокерлери кулап түшүп, дарбаза кайтаргандары да күм-жам болууда. Баш бактырбай курчоонун үчүнчү күнү. Чеп акими Абдулхамид таксырдын иш үжүрөсүндө жашыруун кеңеш жүрүүдө. Төрдө аким өзү. Анын катарында мечит имамы Абдулла кожо, сол жагында чеп сыпайларынын башчысы Абдулазиз паңсат отурат. Үжүрө ичи үнсүз тунжуроодо.
Өң-алаттан кетип кубарган аким майда калтырак басып турган колу менен кыска тегизделген сакалын сылай: — ЛяиллахаиллаАллахи,
Мухамед расул Аллахи, Кудаа өзүң сактай көр кыргын алааматтан.
Хазрети, кандай айла кылабыз, — деп мечит имамын карады. — Аллахи таалага сыйынып кармашуу керек. Өлсөк шейит болобуз, өлтүрсөк газы болобуз. Кудай алдында, хан алдында жүзүбүз жарык болор, — деди Аллахи таалага ишеничи кебелбеген имам. — Оо, хазрети, Капка алдындагы кыргыз айылдарына салган кыргынды уктук го. Эр-бүлөдөн бирин калтырбай өлтүрүптүр.
Келин-кыздарын мазактап, кош бойлуу аялдардын ичин жарып, балдарын кереге башына илдириптир,
— деп мукактана сөзүн бүттү оюндагысын толук айта албаган паңсат. — Хазрети, ойлоп көрүңүзчү, жыйырма миң аскерге биздин эки жүз сыпай кандай туруштук берет? Ордодон жардам келери да күмөн, — деп ылдый карады чеп башы бек. — Абдулхамид жахангер, сиз Кудай алдында куран кармап, таксыр ханга ант бергенсиз. Антты актоо үчүн Кудайга сыйынып, бел байлоо керек. Маңдайга жазылган болсо шейит өлүмүнө барабыз да, — деп келме келтирди, сабыр күтүп токтоо отурган мечит имамы. — Хазрети, кечиргейсиз,
Кудай алдында бейкүнөө адамдардын канын мойнума алгым келбейт. Кенесарыга,
ак желек карматып, тартуу менен элчи жиберели, — деди чеп акими. Үшү качып, саруулап отурган сыпай башы паңсат үстүнөн оор жүк алынгансып,
жеңилдене: — Ак сөз таксыр бектики, элдин канын мойнубузга албайлы Кудай алдында, — деп сакалын сылай, оңдонуп отурду паңсат. Бир аз ойлуу отургандан кийин чеп башы: — Абдулазиз паңсат, ээр токуму, азем жабдыгы менен кызыл ооз аргымакты даярдаңыз. Тартуу менен Кенесары алдына сиз барасыз ак желек көтөрүп, — деп булк этти айласы кетип отурган Абдулхамид бек. «Сиз барасыз» дегенде жүрөгү опкоолжуй түшсө да, «ак желек көтөрүп» дегенден улам элчиге өлүм жок да деп өзүн жооткоткон паңсат:—Хоп,
таксыр, айтканыңыз орундалат, — деп ордунан тура жөнөдү. Кудай алдында ханга берген антынан тайган чеп башы бекке нааразы боло, жан туюму ыза болгон имам да өз жайына чыгып кетти...
Батыштан соккон сыдырым шамалга көк чатыр алдындагы ак айчыктуу жашыл туу желбирейт. Айланасына элүү кадамча киши жолотпой, кылыч байлана найзасын кесе кармаган туулгалуу төлөңгүттөр турат. Чатыр ичине өрө кийиздер салынып, үстүнө килем төшөлгөн. Төрдө секиче орундукта Кенесары хан. Хандын он жагында — Эржан төрө, сол жагында Норузбай — төрө, аларга удаа Агыбай, Иман баатырлар отурушат. — Колдун санын тактап, он башы, жүз башы, миң башыларды дайындап бүттүңөрбү? Оң канатта канча, сол канатта канча, туу түбүндө канча жооокер болот? — деди Кенесары эч кимди карабай, мелтиреген калыбында. — Оң канатта Норузбай баатыр, колунда 7000, сол канаттагы Эржан төрөдө 7000, туу алдында сизге тиешелүү 5000 жоокер болот, сакчыларды кошпогондо. Иншалла, азык-түлүк жетиштүү, курал-жарак шай, Капка алдынан көп мал келди, — деди жашы улуу Агыбай. — Аа, жакшы, чепти оттуу жебелер менен аткылоону уланта бергиле. Эгерде түшкө чейин ак желек көтөрүп келишпесе чабуул коёбуз. Шаты, аркандарды азирлегиле. Баса, Меркеден Супатай, Андаштар канчадан кол кошушту, — деди Кенесары. — Экөө бир миңден кол менен кошулушту. Кечигишти, бирок жигиттери тандамал, курал жарактары шай. Кечиккендерине нааразымын. Чакырткыла хан алдына, жооп беришсин, —деди баатыр атанып, текебери көөдөнүн тээп турган Норузбай төрө. — Көрөбүз, Наукенжан, иштин аягына чейин кимдин ким экени билинет. Азыр аскер ынтымагы, катуу тартип керек, — деди Кенесары хан кебелбеген калыбында. Аңгыча эшик ачылып кирген төлөңгүт: — Аллаяр таксыр, сизге кирсек деп өтүнүшүп, ботпай бийлери Супатай, Андаштар турат, —деди таазим эте ийилип. Кенесары мелтирей, көзүн ирмебей тиктеген калыбында, башын билинер-билинбес ийкеген болуп, «кирсин» дегендей белги берди. Чатыр эшигинен узун бойлуу, кең далылуу, кагелес, буудай өңдүү, субагай жүз, кырдач мурун, суйдаң кара каш алдындагы коймолжун көздөрү ойлуу, чокчо сакал-муруту сыпаа серпилген орто жаштардагы салабаттуу Супатай бий көрүндү. Башында жылбырска кара көрпө кыюулаган кулун терисинен малакай, көгүш нооту кемселине күмүш кемер курчанган; анын артынан орто бойлуу, тууралжынынан келген эткелирээк, тегерек бет, сары чийкил, келте мурун, жээрде сакал, башында кийиз калпак, ак пиязы тик жака кемселине кемер кур курчанган Андаш бий кирип, колдорун бооруна ала: — Ассалоому алейкум, Аллаяр таксыр ханыбыз, аман болсун мал-жаныңыз, Алла таала кубат берип, ачылып турсун багыңыз, — деп жарыша салам айтып ийилишти. — Алейкума салам, келгиле, жай алгыла, — деди Кенесары кебелбеген калыбында. Бийлер ханга кол берип, Норузбайга кол сунганда: — Тарт колуңду, албаймын, сенин ңасилиң төрө эмес, карасың, кара казак боласың, — деп тескери карады. Сунган колун кайра тарта албай, ыңгайсыз абалда турган Супатайды байкаган Кенесары: — Андай эмес, Наукенжан карагым, бийлер өзүңдүн тусканың гой. Колун ал Супатай агаңдын,— деп жайгарды. Менменсиген жаш төрө: — Мен алуучу кол эмес, колуңду тарт, Супатай. Колуң арам, Супатай, жолуң арам, Супатай, —деп жекирди. Көптү көргөн кыраакы Супатай ызасын жашыра, билмексен болуп: — Аллаяр таксыр, албады деп колумду төрөгө капа болбоймун. Тууганын сестеп жалтантып, душманынын мизин кайтарып, кыр көрсөтүп атпайбы. Атпай Алаш калкына эрк көргөзүп атпайбы, — деп Агыбай, Андаштын катарына отура, алакан жая: — Аллоху акбар, Аллаяр таксыр, алышканды алып жык, беттешкениң мертинсин. Аблай бабаңдын арбагы жылоолосун, — деп бата тиледи.

#105 20 Март 2019 - 14:51
— Супатай бий, мына азыр Мерке чебине чабуул коемун да, ал бүтө кыргызга чабамын. Сенин жигиттериң даярбы? Кыргыздардын чамасы канча, алыбыз жетеби? — деди Кенесары Супатайдын мактоолорун кулактын сыртынан кетирген сымал, кыргызга жакын, куда-сөөк,байланышы бар деген шеги да кылтыйып турду. — Аллаяр таксыр, жигиттер курал-жарагы менен шайма-шай келишти. Кыргыздар алсыз десем өзүңдүн алдыңда, Кудай алдында өтүрүк айткан болормун. Алар итабар күчтүү, жоокер эл экени анык. Ар бир үйдүн капшытында ар дайым найза сайылуу турат, бирден аты дайыма кермеде суутулууа болот. Сиздин жоокерлер да алардан кем эмес, ашык. Кудайга сыйынабыз,— деди Супатай. — Мына, Кенеке жана айттым гой бул арам деп, кыргызды мактап турганын көрбөйсүзбү.
Кыргызды бүтүргөндөн кийин Супатай сени менен сүйлөшөм, — деп сумсайды Норузбай төрө. Ыңгайсызданып отурган Андаш малдашын копшой обдула сөз баштарда: — Аллаяр таксыр, чептен ак желек көтөрүп үч атчан келатат, эмне иштейли, аталыбы? —деди эшик ага төлөңгүт. — Аа, ошондойбу, элчиге өлүм жок, ок чыгарбагыла,
жакындап келгенде токтотуп, аттарынан түшүрүп, куралдарын алып, менин алдыма келтиргиле,
— деди Кенесары менменсине эки жагын каранып. — Көрдүңөрбү,
Кенекебиздин сүрүнөн жүрөктөрү түшкөн ала чапан caрт, кол көтөрө албай, «лаппай таксыр» деп келатышканын,
а сен бизди кыргызың менен коркуткуң келет,— деп Супатайга ызырынды Норузбай. — Тартуусу кандай болду экен, көрөт го Кенекебиз, — деп компойду Агыбай. Аттарынан түшүрүлүп, курал-жарактары алынган үч кишинин алдында келген кайтарыкчы төлөңгүттөрдүн башчысы: — Аллаяр таксыр, элчилер келди, — деп таазим эте ийилди. — Башчысын гана киргизгиле,
— деди Кенесары хан. Сырттан кара сакал, кара сурунан келген, эрди түйрүк, эңгезердей узун бойлуу, чептин сыпайларынын башчысы Абдулазиз паңсат алдыга кире чөгөлөй: — Урматтуу жахангер хан Кенесары, сизге, Мерке чебинин беги Абдулхамид мырза саламдуба жолдоду. Сиздин мындан ары кыргыздарга жүрүшүңүзгө ийгилик каалай турганын билдирди. Алдыңызга жабдык- жарагы менен аргымак тартуулады,
- деди башын жерге салган калыбында. — Мен силерден кыргыздарга барууга уруксат сурап келгеним жок, силерди багынтууга келдим, - деп бурк этти Кенесары хан. — Бул улук ишке, таксыр, менин эрким жетпейт. Бегибиз бар, — деди паңсат башын көтөрбөгөн калыбында. — Тарт эшикке, Кокон бегинин тартуусун көрөлү, — деп ордунан турду Кенесары. Жапырт эшикке чыгышты. Хан чатырынан он беш-жыйырма кадам оолак Абдулазиздин жардамчысынын суулуктоосунда зээри бийик, соорусу жайык, мойну жаадай ийилген, кулагынан шам күйгөн, суйдаң жалдуу ойноктогон ак боз ахалтеке аргымагы ооздугун кемире жер чапчыйт. Үстүнө алтындалып,
асыл таштар чөгөрүлгөн ээр токулган, булгаары тердик, желдиктерине күмүш чегеленген,
ээрдин кашына винчестер мылтык, алтындалган кындуу кылыч илинген. Тышка чыккандар аргымактын ажайып турпатына, ээр-токум жасалгаларынын аземделишине таң боло, бир тынымга үнсүз турушту. Алып келген тартуусу көргөндөрдүн купулуна толгонун байкаган паңсат: — Таксыр хан, мына ушул араб жана ахалтеке жылкыларынын насилинен чыккан аргымакты бегибиз сизге урмат менен тартуулайт.
Муну өзү гана минер эле, «Кызыл ооз аргымак» деп аталат, — деп элчи жагалдана Кенесарыны карады. Хандын сумсайган жүзүнөн, ирмебей тиктеген көздөрүнөн же жакканы, же жакпаганы билинбейт. — Бали, мал болбосоң коё кал, төрт аяктуу жылкы баласынан чыгат экен да ар кандайы, —деп Агыбай баатыр аргымактын жанына келип, жалынан, көкүлүнөн сылады. — Байлап койгула кермеге. Барып дарбазаны ачкыла. Бизди тосуп алсын бегиң, — дедиКенесары паңсатка мелтиреген тейинде. Мерке чебинин каршылыксыз алдына кулашынан өзүн ааламдын ээсиндей туйган Кенесарынын көз алдына курун мойнуна салып, чөгөлөгөн Ормон хан элестеп турду. Кыргыздарды канабайран түшүрүп, чаап алуу ага колдогу ишиндей көрүндү.
Fall into my trap :)
#106 20 Март 2019 - 14:57
САКТЫКТА КОРДУК ЖОК
Тоо өрөөнүнөн түшкөн сууну бойлой жаздоо конушта отурган айыл Жангарач бийдики. Күн тоо кыркасынан кылая кой короодон чыгып, өр таяна көк уулай жайылууда. Козу-улактар агытыла элек көгөндө, үйлөрдөн созолоно түтүн булай айыл тирилик камында. Төмөнтөдөн иттерди абалата калмак жүрүш менен келаткан үч атчан айылдын өйдө жагындагы чоң ак үйдүн жанындагы кермеге түшүп, аттарын байлай, камчыларын кончторуна кыстара, үйгө бет алышты. Он эки канат ак үйдүн төрүндө талкан уругунун жашы улуусу Моңош карыя, эки жагында беш-алты салабаттуу айыл адамдары отурушат. Жашы баарынан кичүү үй ээси Жангарач бий эр жакта отургандардын четинде эмнегедир кабатырлана кеп салууда, баарынын маанайлары пас. Моңош карыя кабагын көтөрө: — Кудайга карайбыз да, не бар, не жок, камылгалуу тургула, — дегенче болбой эшик ачыла: — Ассалоому алейкум, — деп салам айта Кожоян, Ысабекаалы, Искендерлер киришти. — Алейкума салам, мырзалар, жолдуу кайттыңарбы? Өткүлө, орун алгыла, — деп келгендерге ордунан тура кол берип, ызаат көрсөттү, мартабасын адамгерчилик менен айкалыштыра билген нарктуу бий Жангарач. Келгендер Кенесарынын чабуулу жөнүндөгү каңшаар кабардын аныктыгын билип келүү үчүн мындан бир жума илгери Чалдыбар, Меркеге атайын жиберилген чалгынчылар эле. Амандык сураша жайланышкандан кийин: — Кана, алтын шилекейиңерди чубурта отургула, арыбай-ачпай келдиңерби? — деди үй ээси. — Кудаага шүгүр, бий, ат көлүгүбүз аман-эсен кайттык. Чалдыбар тегереги тынч азырынча,бирок кооптонуп, тоо таяна көчүп аткандар бар. Меркени айланчыктап көрдүк. Кенесарынын сандаган колу чепти айланта курчап турат, — деди Кожоян. — Курчаганда да үч айланта курчаптыр. Жан каттатпай оттуу жаа менен чептин ичин аткылап турушат, — деп кошумчалады кер мурут жигит, Жантай бийдин уулу Ысабекаалы. — Казак колунун чамасы канча көрүнөт? Меркедеги Кокон бектери каршы уруша албаптырбы? — деп ойлуу кабагын көтөрө, келгендерге карады Моңош карыя. — Чептин ичи өрт. Чеп аскерлери тышка чыгып урушууга батына албай, коргон көзөнөктөрүнөн аткылаган болуп жатышат. Чептин ичиндеги өрттү өчүрүү менен да алектенип турушат окшойт, — деди Жангарачтын жакын тууганы олбурлуу карасур, келте мурун, көзү жүлжүгүй жигит Искендер. — Казактар өтө көп сыяктанат, айылдары менен көчүп келишкенби, айтор Меркеден бир аз обочо талааларда жолум үйлөр жайнайт. Капканын алдындагы кыргыз айылдарын кызыл уук кылып чаап, өрттөп, малын тыптыйпыл айдап келип, кандуу булоон болуп жатыш кантүрү бар, — деди Кожоян, Жантай бийдин инилеринин бири. Жүзү курусун Кенесарынын. Капканын алдындагы айылдардын малын эле алса эмне, эр бүлөнү тирүү калтырбай кырып, айылды өрттөп, кары-жаш дебей кырганын уксаңыз — жүрөк титирейт. Тирүү киши деле калбаган окшойт, кичине балдарды да жайратышыптыр, жырткычтар , — деп улутуна сакалын сылады Кожоян. — Ляиллааха иллаАлла, Аблай хандын алааматы кайра башталган экен го, — деп жакасын кармай Моңош карыя чекесин таяна жер карады. Үй ичин үнсүз тунжуроо басты. — Кудая тобо, өз чебин коргой албаса Кокон эмнеге отурат ал жерде? — деп башын чайкай Жангарачты карады Моңош карыянын оң жагында отурган жээрде сакалын ак аралай баштаган сары чийкил, чекир көз, салабаттуу киши. — Ээ, аба, ала чапандар коркогураак эл болот. Алар аз, Кокон алыс, анын үстүнө Меркенин беги сылаңкороз, кайратсыз сайпана киши көрүнгөн. Ал Кенесарыга каршы чыгууга батына албайт. Чептин капкасын ачып, баш ийип берүүсү толук ыктымал, — деди Жангарач бий. — Капканын алдындагы кыргыз туугандарга кыйын болгон экен. Эми ошол алааматтан элди сактоо керек, — деп Жангарачты карады Моңош карыя. — Албетте иш чукул кирип келген тура. Айылдардын баарына киши чаптыргыла. Кары картаң, жаш аялметтердин баарын тоо таянта көчүрүшсүн түнү бою. Бүгүн кеч бешимде биздин айылдын үстү жагындагы жапсарга айыл билермандары, найза сайып, кылыч чабууга жарай турган эр бүлөлөрү менен чогулушсун. Убакыт тыкыр, түнү менен жоо басып калышы мүмкүн дегиле, — деп Жангарач жанындагы москоол сары жигитке буюрду. — Куп болот, азыр эле бирден жигитти айыл-айылга жиберемин, — деп шарт эшикке жөнөдү бийдин жигит башысы. — Эми силер тезинен Кеминге жөнөгүлө, түн болсо да кабарлагыла Жантай бийге. Камылга көрөлү. Эртең шашкеге жетпей мен да бул жактагы аттуу, баштуулар менен жасоо кайрып барып каламын. Бийге ылайыгы келсе Токмоктун алды жагынан кездешкендей бололу. Бизден салам дуба дегиле, — деп Кожоянга кайрылды Жангарач бий. — Биз Ысабек мырза экөөбүз азыр эле жөнөйбүз. Келатканда Бишкектин бегине кайрыла келгиле, Кенесарыга каршы бизге жардам бере алат бекен деди эле бий акебиз, аякка да кайрыла кетели, — деп ордунан турду Кожоян. — Айта кет, бирок булар да Кенесарыдан коркуп, үжүрөлөрүнө жашынып калуулары ыктымал. Кудайдан жардам тилеп, өз боюбузга тыкан бололу, жөнөгүлө. Ак жолуңар ачылсын, — деди Жангарач бий. — Кудай жолуңарды ачсын, Алла таала жар болуп, бүгүнкү кыйын күндөн эл-журтубуз эсен чыксын. Элдин убал-сообу, ишеничи эми, эр жигиттер, силердин мойнуңарда. Кудай кубат берсин, Алло акбар, — деп алакан жайды Моңош карыя. Отургандар жапырт бата тилеп, Кожоян, Ысабекаалылар кермедеги аттарына жөнөштү.
Бешим маалы. Асманды каптаган жаздын киргил булуттарына жашына күн батыш тоо кыркасына эңиштөөдө. Батыштан соккон эрте жаздын салкын сыдырымы бетти аймалайт. Айылдан өйдөкү жапсарланган дөңсөөнүн алдына беш жүз чамалуу атчан казканактай чогулган. Көпчүлүгүнүн колдорунда найза, белдерине кылыч байланган, башына туулга кийгендер да көрүнөт. Көбүнүн баштары кызыл, же ак жоолук менен артына буулган, калпак, тебетейчендери аз. Бул жагдай чогулгандардын жоокерлик деминен кабар берип тургансыйт. Жүздөрү сумсайыңкы, Коогалаңдын кабарын күтүп дөңдө намаз окуп отурган калың топту карашат. — Казактар Кара-Балтаны чаап алыптыр дейби ыя? — деп жанындагысына карады кылыч байлана, найзасын окчо кармай, башын ак жоолук менен бууган кызыл тору жигит. — Илгерки канкор Аблайдын уулдары дейт го. Таластагы кыргыздарды кырып-тоноп, эми быякка келатат дейт канкорлор, — деп ызырына жооп берди башын кызыл жоолук менен буунуп, кыл чайнап турган карасур жигит.

#107 20 Март 2019 - 15:04
— Катындардын ичин жарып, ичиндеги балдарын да мууздаптыр дешет, мыкаачылар го,атаңдын оозун... — деп алдыга обдулду калпакчан кырдач мурун, ээрди желки сары жигит. Намаз окуп бүткөн калың топ элди карай басты. Алдыда шыңга бойлуу, субагай карасур жүздүү, кырдач мурун, коюу кара каштуу бийик кабак алдындагы сурмалуу алагар көзүнөн кайрат учкуну жанган, сыйда кара сакал, муруту сыпаа серпилген Жангарач бий, башында төбөсү бийик, кара кыюулуу ак калпак, тик жакалуу сур нооту кемсел, шымынын багалектери маасы кончуна кийрилген, күмүш кемер куруна кындуу кылыч байланган, боз суп чепкенчен; жанында кырбуусуна кара көрпө кармалган кулун тери малакайчан,
ак пиязы чепкенчен, аксакалы жайкала төшүн жаба Моңош карыя намаз жамаатында болгондордун алдында келип, элди бет ала токтошту.
— Оо, калайык, — деп Жангарачтын бийик үнү шаңк эте абада жаңырды, — кыйырды кыйрата басып жоо, ырайымсыз жоо келатат. Капка алдындагы кыргыз айылдарын өрттөп,эр бүлө калтырбай кырып, кыз-келиндерди маскаралап өлтүрүшүптүр. — Канга-кан, — деген кыйкырык бир азга Жангарачтын сөзүн бөлдү. Бий демин жыя сөзулады: — Жоо ар бир үйдүн босогосун кыйрата басып, коломтосун өчүрүп, күлүн сапырып, түндүгүн түшүрүп келатат. Жоо кыргызды тукум курут кыламын деп келатат. — Найза учунда, кылыч мизинде!.. — Канга-кан, — деген ачуулуу үндөр бийдин сөзүн дагы үздү. Элдин толкуну бир аз басаңдаганда: — Албетте, элдин амандыгы, туулган мекен үчүн ат жалында, кылыч мизинде, найза учунда кырчылдаша кармашчу күн келди, туугандар. Алла таалага, бабабыз Манастын арбагына, өткөн ата-бабалардын арбагына сыйынып, күрөшкө бел байлайлы. Жоонун каптап кириши саат сайын күтүлөт. Ар бир айылдын башчылары жигиттерди топтоп, он башы, элүү башы, жүз башыларын дайындап, ар бир уруктун билермандары өз жоокерлеринин башында болот. Бүтүндөй солто элинин жоокерлери мага баш ийесиңер. Ар уруктан бирден топ кайгуулга, жезекке дайындалсын. Түнү менен катын-бала, кары-картаңдарды тоого көчүргүлө, жоонун тепсендисинде калбасын. Урук башчылары, айыл башылары өз жоокерлерин толук жыйнап, эртең менен намаз маалында ушул жерге келгиле, — деген Жангарач бийдин кескин буйрук чакырыгынан кийин Моңош карыя ак сакалын жайкалта алакан жая: — Аллоо акбар, — дегенде куралдуу жыйындын бата добушу бейкут жашоосун кыргындуу алаамат каптаган элдин намысы, каары козголгонунан кабар бергенсип, аба жарды. Тынч жаткан кыргыз айылдарына кыргын сала каптап келаткан Кенесарынын баскынчы чабуулу жөнүндөгү коогалаңдуу кабар Жылгын-Башыдагы тынайларга, Берик-Таш алдындагы черикчилерге, Токмоктон ылдыйкы солтолорго түнү менен жетти, эл дүрбөлөңгө түштү. Түнү менен жапырт көчө, тынайлар Чоң Кеминге оошту, черикчилер солто айылдары менен жамаатташ боло Шамшы, Кызыл-Суу бөксөлөрүнө көтөрүлүштү. Чүй бою ээнсиреп, көчкөн журттарда айры куйруктар каалгыйт. Токмоктон төмөнкү ОроБашыны көздөй ар тараптан агылган куралдуу атчандардын артынан көтөрүлгөн коюу чаң ээн калган өрөөндү каптаган боз мунарыкка айланууда. Эрте жаздын киргил булуттары самсый көчкөн асманда күн нуру да жоболоңдуу жер бетине кайдыгер сыяктуу кунарсыз. Оро-Башы оозундагы дөңсөө алдына тынай, талкан, черикчи урууларынан кайрылган куралдуу жасоолор аралык сактай топтолууда. Секиленген дөңсөөдө Жантай, Жангарач бийлер, Төрөгелди, Калпак, Чынгыш, Субанбек, Түлөкабыл баатырлар кеңеш курууда. Кенештин маанайы чыйрак. Жашы баарынан улуу Жантай бий: — Эл башына күн түшөт деген ушул. Иншалла, Алла таала биримдик, кайрат берсин элге, жоокерлерге. Кенесарынын өз казагын аябаган кандуу колу бизди аяйбы. Жаңы кабар бар бекен силер жактан? — деп Жангарачты карады. — Меркенин беги ак желек көтөрүп, Кенесарыга баш уруп, алдына Кызыл ооз деген аргымагын, алтындалган ээр токуму менен тартуулап, дарбазасын ачып бериптир. Ага шерденген канкор бери карай кара таандай каптап чыкты. Бөксөгө чыга көчүүгө үлгүрбөй калган айылдардын тымтыракайын чыгарып, кыргындап келатат, — дейт деди Жангарач бий. — Кудай бетин ары кылсын мыкаачынын, кош бойлуу аялдардын ичин жарып, балдарын керегеге илип атат деп уктук, — деди быжыгыр жээрде сакал, желки сары, ак калпак, боз чепкенчен, салабаттуу киши жакасын кармай. Отургандар толкуй түштү. — Бетбак, мыкаачы. — Көркоо, канкор... — Көркоону капканга алып, кежигесинен мууздаш керек, — деген үндөр жаады. Кызууланган үндөр басыла түшкөндө: — Албетте канкорго аёо жок. Бирок ал күчтүү, бүгүн эле каптап кириши да ыктымал. Курал жаракты азирлеп, кирпик ирмебей сак туруу керек. Кайгуулга жигиттерди азыртан эле коёлу. Ормон ханга кош ат менен чабаган жиберели, ансыз иш бүтпөйт, калк көтөргөн хан, кол башкаруучу эр ошол, — деди Жангарач бий. — Туура айтасыз бий, ханга кабар жиберели да, жоонун жолун тосолу. Жер алыс, жол татаал. Байсоорунга жердин уусун билген жигиттердин ичинен бири өзү каалап чыкса чабармандыкка, — деп элге кайрылды Жантай бий. — Хан келгени жакшы, минтип турганда... — Эл башы керек, — деген элдин дуусуна аралаш: — Мен барайын ханга кабарга, — деп ойноктогон чабдар атчан, туулгалуу жигит алдыга чыкты. — Мен барамын, — деп алдыга чыкты башына кызыл жоолук бууган кара атчан жигит. Экөөнүн тең эр тууштары бап келген, экөөнүн тең аттары ооздук кемире, тизгин булкуп жер чапчыйт. Төрөгелди баатыр ордунан туруп, жигиттердин алдына келип, көз чаптырып турдуда: — Экөөң тең жарайсың, бирок бул илгери чыкты, жол ушунуку, — деди да, чабдар атчанга үч уруудан каалаган атыңды коштоого ал. Иш өтө такык, зарурат экенин билесиң да. Азыр эле жөнө, тынбай жүр. Арыган жерде атыңды жаңыртып, жолду тынымсыз улай бер. Хандын ордосу Чоң-Байсоорунда, — деди.

#108 20 Март 2019 - 15:07
— Баатыр туура айтат, иш өтө зарурат. Кенесары жыйырма миң кол менен элди кырып келатат дегин. Калайык калкка калайман түштү дегин, калаймандуу күндө эл ханды күтөт дегин. Мына Карабек баатырдын канжары ханга кандуу согуштан кабар берсин, — деп ордунан турган Жантай бий курунан чыгарып, күмүш чабылган кындуу канжарды чабармандын колуна карматты. Жигит атынын башын кыбылага буруп алаканын жая элден бата сурады. «Оомийин, Алло акбар», — деген күчтүү толкун абаны термелте, эл бата берди.Туура жактан бирөө токулуу чаар атты ойноктото суулуктап келип, жигиттин жетегине берди. Кош атчан чабарман топтон бөлүнө бөксөлөй, Боомду карай сызды. Чабарманга бата берип узаткан эл тынчый түшкөндө Төрөгелди баатыр: — Казактар менен чарпышып көрдүк го. Алар үч багытта, он канат, сол канат, туу түбү болуп чабуул коюшат. Эки канаты өсө берип, чамасы келсе жоосун торго алуу ыкмасы менен талкалоого аракеттенишет.
Биз дагы алардын алдын ала өз амалдары менен өзүлөрүн камоого аракет жасайлы, — деди. — Андай болсо сол канатты биздин жигиттер тозсун, өзүм баш-көз боломун, — деди Жантайбий. — Бөлөкбай, Талкан жигиттери орто багытты — туу алдын — тосот, мен да өзүм башында боломун, — деди Жангарач бий. — Жакшы, анда черикчи жигиттери оң канатты, Шамшы Кызыл-Суу ойлорун тозсун. Мен өзүм баш болоюн. Дагы бир амал, жоокерлер экиге бөлүнүп, бири бетме бет согушуп,экинчиси бугуп туруп капталдан сокку ургандай болсун. Эки канаттагы жоонун мизи кайтса, айланып өтүп, артынан курчайлы. Туу бетиндегисин артка карай ныгыра, жоону торго камап соголу, — деди Төрөгелди. — Ар уруунун колунан жыйырмадан жигит жезекке чыксын, түнү бою бири-биринен караан үзбөй кайгуулдап,
жоо жөнүндө кабарды кошунга жеткирип тургандай болушсун, — деди Жангарач бий. — Алла таалага тобокел, баатырлар, «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген кез келди. Өлсөк шейит болобуз, өлтүрсөк газы болобуз. Кудайга, ата-бабанын арбагына сыйыналы. Онбашы, жүз башы жигиттер азыр өз өңүттөрүңөрдү ээлегиле. Жоо каш кабактын алдында турат. Аллохи акбар, — деп алакан жайды Жантай бий. Көптүн батасынын сүрдүү доошу аба жарды. Тынч жаткан эл толкуп, албууттанган текеберлүү жоону жазыксыз кыргынга учураган кары-картаң,
катын-бала үчүн жүрөгүндө намысы кайнап, күтүп турду.
Fall into my trap :)
#109 20 Март 2019 - 15:12
КАНДУУ ЖҮРҮШ
Кыргыз тоо кыркаларынан жаңыдан кылайган күн нуру жаздын киргилденген бозомук булуттарына чулгана кунарсыз жылтырайт. Эрте жаздын суук шамалы Меркеден бери чыккан чаңды чыгыш тарапка уюлгута айдап, айлана боз мунарыкка бөлөнгөн. Таң саарынан козголгон Кенесарынын жыйырма миң колу чыгышты карай түрүлө селдей агылды. Норузбай баштаган колдун сол канаты жети миң жоокер тоо этектей күн жүрүш жакта. Кенесары өзү баштаган беш миңи туу артында, Эржан төрө баштаган жети миң, сол канаты түн жакта эки жүздөн кыркар тарта кыргыз жерин каптап келатат. Негизги колдун жолун тазалоо үчүн түнү менен аттанган үч жүздүк үч багыт боюнча тоого көчүп чыгууга үлгүрбөй калган Жайыл айылдарына кыргын сала өрттөп, кырып-жоё талоон түшүрүп, алдыда баратышат. Кара таандай каптаган калың баскынчылардын алдында кызыл уук болуп кыйрап, өрттөнүп, кан жыттана өксөгөн кыргыз айылдары калып жатты. Мерке беги тартуулаган алтын ээрлүү, кызыл ооз боз аргымакка куюп койгондой нык отурган кең далылуу, балбан моюн, чап жаак, кырдач куш мурун, сүйрүлөнгөн күрөң сакал, узун муруту сыйда серпилген, терең кабак алдындагы сургулт көзүн ирмебей ырайымсыз тиктеген Кенесары хан туу түбүндөгү колдун алдында баратат. Башында кызыл макмал тыштуу, маңдайына асыл таш чөгөрүлгөн кырбуусу тайкы кундуз тебетей, үстүндө боз пиязы чепкен, булгары өтүкчөн буту менен күмүш үзөңгүнү чирене тээп, тизгинди бош кармай, кан жыттана өрттөнүп, өксөгөн айылдарды таназар албай, өзүнүн бабасы Аблай хандын түшүнө кирген жолборс экенине ишенген бойдон дөгүрсүп баратты. Тагдырына кездешкени баратканы капарына илинбеди опасыз пенденин. Оюнда кыргызды эки-үч күн ичинде уйпалап, чөгөлөтүп, бийлигин арттыра, Коконду баш ийдирип, андан ары кайра оруска бет аларын элестете эргип баратты. Бишкек чеби көрүндү. Тогуз байсалуу коргон менен курчалган, төрт мунаралуу чептин айланасы жымжырт. Мунараларында күзөт көрүнбөйт, дарбазалары жабык, алды ээн. Чептин ичине орнотулган бийик карагайдын учунда бир нерсе түтүн булата күйүп турат. Чепке үч жүз кадамча жетпей Кенехан кызыл ооз аргымактын тизгинин жыя: — Сарттар коркконунан ийиндерине кирип кетишкен тура. Кыргыздарды бүтүргөндөн кийин кайра келип сүйлөшөм булар менен. Кыргыз айылдары неге көрүнмейди, — деп жанжагын карады. — Таксыр бул чөлкөмдөгү айылдар тоого көчө качышкан го, сиздин кабарды угуп, — деди чымыр Байзак. — Аа, ошондой экен да. Тирүүлөрү качып кетишсе, өлгөндөрү калгандыр, — деп оң тарапта тоо этегине жайланышкан бийик күмбөздөрдү көрө: — Анау кумбездер кыргыздын манаптарыныкы го. Кол узай берсин, мен арттан жете келемин, — деп Кенесары жүз чакты төлөңгүт менен күмбөздөр жакка бет алды. Баскынчылардын дүбүртүнөн жер дүңгүрөп, уюлгуган боз чаң бейит тарапты каптады. Бозоргон бейиттердин айланасы кооптуу жымжырттыкка төнө тунжурайт. Четтеги эки күмбөздүн алдына токтогон Кенесары: — Бул күмбөздөр кыргыздын ким деген манаптарыныкы? — деп эки жагын карады. — Солто манаптары Эшкожо, Канай баатырлардыкы, — деди ичинен келме келтирип турган Супатай бий. — Баатырларбы, анда далай казактын канын төккөндөр турбайбы. Өлүктөрдөн өч алсам, тирүүлөрүнүн жаны чыксын. Каскыла көрлөрүн, чачкыла сөөктөрүн, — деп катаал үн катты,ат үстүндө кебелбей турган Кенесары. Төрт төлөңгүт шапа-шупа аттарынан түшө күмбөз алдындагы мүрзөлөргө кетмен чабышты. Жер дүңк эте, күмбөздөрдүн экөөнөн эки канаттуу учуп чыга, асманга көтөрүлдү. — Эй, пенде, — деген үнгө удаа мүрзөлөрдүн арасында куран окуп отурган ак чепкен, ак топучан, ак сакалы жайкалган карыя ордунан тура: — Эй, көр пенде, тирүүлөрдү кырганың аз келгенсип, эми өлүктөрдүн арбактарын козгогонго өттүңбү? Тарт колуңду, ыйык арбактардан. Казак, кыргыз бир тууган эл эле, сен кайдан чыккан жолбунсуң? Сен Кудаанын каргышына калдың, — деген сырдуу катаал үн баскынчыларды элейтти. — Баскыла чалдын үнүн, каскыла, — деп зоңк этти ат үстүндө кебелбей отурган Кенесары. Ал чепкенинин өңүрлөрү, ак сакалы шамалга кайрыла, ак топусу маңдайынан өйдө көтөрүлүп, салабаттуу турган карыяга каар төгө карап турду. Кенесарынын үнүнө удаа тартылган жаанын эки жебеси көкүрөгүнө кадалган карыя теңселе түшүп, мүрзөнү кучактай жыгылды. Мүрзөлөрдөн көтөрүлгөн чаңды уюлгута, найза учтарына уруна уңулдаган шамал ажал шооратын кабарлагансып, теребел бозоро тунжурайт. Коогалаңдуу шоорат улам күчөй улуган шамалга коштоло, арбактар менен күрөшүн бүткөн Кенесары колун чыгышты карай узатып бараткансып турду...

#110 20 Март 2019 - 15:19
Эл орунга отурган маал. Төлөңгүттөрдүн үч жүздүгүнө аргасыз жол көрсөтүп бараткан туткундагы Тынаалы бийдин айласы кетти. Кыргыз айылына кабылдыр, деген баскынчыларды адаштыра ары-бери суу кечтирип жүргөнүнө эт бышымча болду. — Эй, Тынаалы, сен бизди караңгыда ары-бери айлантып алдап жүргүң бар го. Кана, тез жеткиз кыргыз айылына. Бир чай кайнам ичинде айыл таппасаң башың учат, — деп демитти төлөңгүттөрдүн башчысы. — Айылдар силердин кабарыңарды угуп, тоого көчүп кетишкен тура, — деди Тынаалы. Тоо этегинен кээде жылт эте калган отторду көрө Бөлөкбайдын кээ бир айылдары тоого көчүүгө үлгүрбөй калганын баамдаган эле. Мазарлуу Кара Суу жактан жылт эткен отту көргөндө оюна Калпак баатыр түштү. Кантсе да мергенчилиги бар, камбыл, эр жүрөк киши эле, инилери Ормонбек, Субанбектер да кайраттуу эр жигиттер. Айла кетсе ошол баатырларга кабылтсамбы. Алар жок дегенде бөйдө кыргын болушпайт, деп ойлой, тунжурап бараткан Тынаалыны: — Эй, кыргыз, убакыт бүттү, башыңды аламын, — деген төлөңгүт башынын каардуу үнү селт эттирди. — Мына жетебиз, — деп мазарлуу Кара-Сууга бет алды Тынаалы. Кудайга тобокел деп тоого көчпөй калган Калпак баатыр камдуу эле. Күндүз Бишкек чебинен чыккан оттон улам Кенесары колунун келатканын туюп, камданып турган. Беш жүз огу бар, Таластан конокко келген Каратай мерген экөө айылдын четки эки үйүнүн туурдуктарын кырчоого чейин түрдүрүп, айланып ок чыгарганга даярдашкан. Куралдуу жыйырма чакты жигитти айылдын эки жагына буктурмага коюп, октон жалтанып качкан жоону капталынан качырып согууга камдаган. Эл орунга отура кайгуулда жүргөн Субанбек чаап келип үйгө түшө: — Байке жоо жакындап калды, саны арбын, — деди. — Болуптур, айылдагы катын-бала, кары-картаңдарды болгон унаа менен тоого жөнөткүн. Кете албай калгандарын чогуу бир үйгө киргизип койгула. Кудайга аманат. Тиги үйдөгү Каратайга, жигиттерге айтып кой, даяр турушсун, — деп Калпак баатыр окторун табакка салып жанына коё, кереге көздөрүнөн караңгыга көзүн тикти. Отуруп чыккан айдын шоола жарыгынан теребел боолголоно баштады. Бүдөмүк жарыктан суурулуп чыккан көп атчан: — Аблай, Аблай, — деген кыйкырык менен айылга чабуул коюшту. Эки четки үйдөн удаа удаа «тарс» эткен мылтык үнүнө түнкү аба жаңыра үчөө-төртөө окко учкандан кийин, чабуулчулар артка жапырылды. — Качпагыла, токтогула, — деп кыйкыра төлөңгүт башы кайырган баскынчылар кайра чабуулга өтүштү. Удаа-удаа атылган Калпак баатыр менен Каратайдын октору сая кетпей, көмөлөнгөндөрүн көрө кайра качкандарды буктурмада турган Субанбек, Ормонбектердин жигиттери капталдан качыра кылычташууга өтүштү. Көптүк кылган жоого ит урушун сала буктурмачылар өңүттөрүнө кайтышты. Кайра чабуулга өтүп, кайрадан мылтык үндөрү жаңыра жыгылган кишилердин аянычтуу онтоосу, аттардын кишенегени бейкут түнгө алаамат салып турду. Баскынчылар улам чабуулга өтүшөт, өлүктөрүн калтыра кайра жапырылышат. Буктурмадагы жигиттер капталдан качырып кайра кылычташат. Таң агара күндүн нуру асманга чачыраганда айылдын алдында жүздөгөн кишилердин, аттардын өлүктөрү жатканы көрүндү. Калпак, Каратай баатырлардын окторун жеп кайра качкан баскынчыларга капталдан кол сала кылычташып турган жигиттердин көбү курман болуп, Ормонбек, Субанбек баштаган үч-төрт жигит гана калды. Айылдан атылып турган мылтык үндөрү сээлдеп, ок жетпес аралыкта жалтайлап турган баскынчылар кайрадан окторула чабуулга өтүштү. Түнү бою көз ирмебей душман мизин кайтарып турган баатырлардын октору түгөнгөн эле. Калпак баатыр мылтыгын керегеге жөлөй, кылычын алып тышка чыкканда өзүнө жардамга келаткан иниси Субанбекке: — Жоо жеткенче жеңеңди, уулумду, калган катын балдарды эптеп тоого чыгарып кет, —деди. — Сизди кантип жоого жалгыз калтырам, — деп Суванбек аттан түшүп, агасына келди. — Бол бат, сен аман кал, — деп инисин кучактай узата, жоо жакка тигилди Калпак баатыр. Огу түгөнгөн Каратай да аркы үйдөн найзасын таяна тышка чыгып: — Калыке, эми жок дегенде бирден жоону жаздана өлөлү, — деп жанына келди. — Кудай жардам болсо, — деген Калпактын үнүнө удаа: — Аблай, Аблай, — деген кыйкырык менен баскынчылар айылды каптап келатты. Ок атылбаганына шерденген баскынчылар айылды аралай чаап өтүп, кайра кайрыла каршылык жок экенин туюп аттарынан түшүп, үйлөрдү аңтарып, жылтыраган буюм-тайымдарды ала, кача албай калган аял, кыздарды жулмалоого киришти. Жыйырма отуздай төлөңгүттөр колдорунда найза, кылычтары бар Калпак, Каратайды жыга албай салгылашып жүрүштү.Атчандардын шилтеген кылычтарын калкан менен тосушуп, кайра найза уруп турган зор денелүү үч баатырга даай албай, улам качыра кылыч шилтеп алектенишет. Туура беттеп келгенине найза уруп жыга, баатырлар демдүү. Бир оокумда атчандын кылычы тийген Каратай жыгылды. Кылыч, найза жаза тийип, көп жеринен жарадар болгон Калпак баатыр кансырап жыгылганча салгылашты. Алп денелүү баатырдын жыгылганын көргөн төлөңгүт башчысы: — Мунун жүрөгү жолборстуку го. Жүрөгүн тирүү сууруп алып, оозуна тыккыла, айылды өрттөгүлө, — деп зоңк этти. Кызыл жалын, кара түтүн уюлгуп, кан жуткан айыл жаздын эртең мененки шаңкайган асманы астында өксөп жатты. Жеңесин иниси менен, дагы үч аял,эки баланы тоого узатып коюп кайра келе, өрттөнгөн айылды, агасынын абалын көргөн Субанбек, тоноп алган килем-килче оокат-мүлктөрүн, жолдошторунун өлүктөрүн артына Шор -Дөбөнү карай жол тарткан баскынчыларды кууп жетип, кылычташа экөөнү жыгып өзүда найза, кылычтан сулады. Дээрлик бирден өлүк өңөрүп, килем-килче артынган топ илең салаң Шор-Дөбөдөгү Кенесарынын кошунуна бет алып баратышты.
Fall into my trap :)
#111 20 Март 2019 - 15:27
ШОР-ДӨБӨДӨ
Чыгыштан асманды жаркыткан күн нуру тоо баштарын чала, Шор-Дөбө алдындагы Кенесары колу сол канат, оң канат, туу алды болуп, иреттеле баштады. Шор-Дөбөгө тигилген көкчатырдын алдында айчыктуу жашыл туу желбирейт. Мазарлуу Кара-Суудагы бир эле айылдагы түнкү салгылашууда жүздөн ашуун төлөңгүттөрдүн набыт болуусу дөгүрсүгөн жоокерлердин демин суута түшкөндөй: — Түнкү чабуулда бир эле айылда жүз элүү төлөңгүт каза болуптур... — Эки жүз дейт... — Андан да көп дейт, көмгөнгө үч жүз жоокер бөлүшүптүр. .. — Кыргыздар оңой жоо эмес окшойт, жанды сактайлы... — Өткөн жылы Норузбай төрө кыргызды чабам деп, жанын араң куткарып чыкпады беле, —деген кобур казак кошунун аралады. Аңгыча оозуна күчөткүч түтүк кармаган Кенесары хандын: — Оо, Алаштын арстан жүрөк жоокерлери! Аблай хан туусу астында казатка чыккан азаматтар, алдыда айыгышкан кармаш турат. Бабабыз Аблай хан нечен жолу талкалаган кыргыздар бизге тең эмес, аз эл. Кайратыңарды боюңарга жыйгыла, көп мал, дүнүйөгө ээ болосуңар, кыргыздын сулуу кыздарына эр болосуңар. Оң канатта Эржан төрө, сол канатта Норузбай төрө, туу алдында биз, Кенесары хан, жүрөбүз. Чымыр Байзак, Агыбай баатыр, Супатай, Байет, Андаш, Үрүстөм бийлер өз кошундары менен болушат. Аллохи акбар, —дегенде батаны коштогон үн аба жарды. Ирети менен үч бөлүнө турган кол кыркаар тарта, чаңды асманга көтөрүп, бири суу бойлой, сол жээк менен, бири оң жээк менен, үчүнчүсү тескей тоо этегиндеги талаа менен чыгышты карай калмак жүрүш сала жөнөдү. «Аблай, Аблай, Кенесарылап» кыйкыра, кыркаар тарткан сол канатты Жантай бийдин жапсарга өңүткө койгон чампан мылтыкчан мергендеринин удаа-удаа атылган таамай октору каршы алды. Беш-алтоо окко учуп, жапырыла түшкөндө, баштарын кызыл жоолук менен бууган тынай жоокерлери «Атаке, Атаке» деген ураан менен каршы чабуул коюшту. Элөөрүп олжо алабыз деп чапкан Кенесарынын жоокерлерине караганда, бейкут жаткан тынчтыгы бузулуп, бейкүнөө аккан канга жандары күйүп, өздөрүн коргоого чыккан жоокерлердин дем-кайраты күчтүү экени кармашта туюлуп турду. Кызыл жоолук буунган жигиттердин сунган найзасы, шилтеген кылычы тек кетпей каршы тарап жапырыла түштү. Калканга тийген кылыч кылычка урунгандагы металл үнү, кылыч, найза тийип жаралангандардын кыйкыра онтогон үндөрү, аттардын кишенегенине аралашып, аба алаамат жаңырыкка толду. Жапырыла баштаган Кенесары колун Жантай бийдин буктурмага койгон жоокерлеринин капталдан урган соккусу алдасдатты. Кача согушкан баскынчылар Кенесары хандын туу түбүнө карай сүрүлө баштады. Кызыл ооз аргымакчан Норузбай баатыр айкырып, качып бараткан казак жоокерлерин токтотууга аракеттенип ач айкырык салып, кыргыздар менен найзалашып турду. Бирок жоокерлерин бирдиктүү чабуулга тарта албады. Оң канат Эржан төрөнүн колун Түлкү баатыр Ныязбек уулу, Куттуксейит уулу Шамен башкарган Эсенгул жоокерлери тосту. «Аблай, Аблайлап» аба жаңыртып келаткан калың колго төрт жүз чамалуу кыргыз жигиттери каршы ат коюшту. Баштарын кызыл жоолук менен бууган жигиттердин алдында бет келгенин сулата, жаадай сызган кара атчан, туулга, соот кийген Ныязбек бийдин кенже уулу Түлкү баратты. Саны аз болсо да, күнөөсүз элдин башына түшкөн алааматка күйүп, намыс байлаган кыргыз жоокерлеринин өлүмгө бел байлаган тобокели күчтүү экени биринчи кылычташууда эле байкалып калды. Дүнүйө, мал алуу үчүн чыккандар, жанды сактап калуу ылаажысын издеп, жалтайлап салгылашышты. Кызыл жоолукчан жоокерлер алгач оң канаттын шаштысын кетирип, жапыра кирген аракеттери кантсе да сан жагынан бир канча эсе көп душман тобуна аралашканда кыйынчылыкка кабылды. Бирөөнө үч кишиден кем эмес казак төлөңгүттөрү менен кармаша баштады. Абалды байкаган Түлкү: — Кетенчиктей согушкула, — деп кыйкырды да, ит урушун сала артка чегинип бараткан жоокерлердин артын тосо каршы келгендерге найза уруп жыга артынан жүрдү. Эржан төрөнүн жоокерлери кетенчиктеп согуша артка чегинип бараткан кыргыз жоокерлерин тосуп, Шамен баштаган жыйырма чакты кишини курчап алышты. Алардын туткунга түшүү коркунучун туйган Түлкү, Шамендин кайнатасы Ады үч уулу, беш иниси жана бир нече жоокерлер менен кайрылышып, тобокел кармашка киришкенде, Шамшынын оозунан башын кызыл жоолук менен бууган черикчи жоокерлеринин «Абайылда, Абайылда» деген ураан менен капилет качырып кириши душмандын шаштысын кетирди. Аксурдун үстүндө өбөктөй найза сунуп, Төрөгелди жоонун бет келгенин көмөлөтө сайып баратат. Саны алты жүздөн ашык черикчи жоокерлеринин кескин чабуулу Эржан төрө жоокерлеринин катарын бузуп, экиге бөлө кылычташып кирди. Шаштысы кетип бөлүнгөн жоонун абалы Шамен баштаган кыргыз жоокерлерин курчоодон чыгарып кетүүгө мүмкүндүк берди. Ушу жагдайга тушма туш «Бөлөкбай, Бөлөкбайлап» ураан чакырган солто жоокерлеринин күтүүсүз кайраттуу чабуулу Эржан төрөнүн жоокерлерин бытыратып бөлө дүрбөлөңгө салды. Туулгачан Андаш, Жоосейит баатырлар алдыда найза суна алдастап качып калган жоону сүрүп баратышты. Кызыл буурул аргымакты аргыта бура тартып качырган Эржан төрөнү Жоосейит баатыр найза салып, аттан түшүрдү. Оң канатта Эржан төрөнүн колго түшкөнүн уккан Норузбай төрө, Агыбай баатыр баштаган эки миңден ашык кол, Эржанды куткаруу үчүн катуу чабуулга өттү. Бирок Жоосейит, Андаш Төрөгелди, Түлкү баатырлар «кыргыздап» ураан чакырып, туштуштан ач айкырык менен киргенине чыдабай, жоо артка чегинүүгө аргасыз болду, Эржан төрөнү куткарууга мүмкүн эместигине көзү жеткен Норузбай төрө: — Эй, кыргыздар, бул Эржан төрө, чачынын бир кылы түшсө, баарыңарды тукум курут кыламын. Жакшылап сактагыла, — деп кыйкыра, кысымга туруштук бере албай, кача баштаган жоокерлерин ээрчите артына тартты. Эртеден берки кармашта аттары чаалык канкыргыз жоокерлери качкан жоонун артынан түшпөй тизгин жыйышты. Күн батууга жакындап калган кез эле. Колго түшкөн Эржан төрө деген сөздү уккан Жамангара баатырдын иниси Самак ордунан тура албай очорулган туткундун жанына келип: — Кенесары хандын иниси Эржан төрө деген сенсиңби, — деп ат үстүнөн эңкейе желкеден ала тургузуп, колун үзөңгү боолукка сала, — сенин каныңды ууртап, агамдын күйүтүн басайын, — деп четке сүйрөп кетти.

#112 20 Март 2019 - 15:36
Жоонун мизин кайтарган кыргыз жоокерлери жарадар болгондорун,
каза тапкандарын жыйнай, кошуундарына кайтышты. Согуштун экинчи күнү. Эки тарап тымызын аңдышып, чабуулга өтпөй турушат. Каза болгондорду жашыруу камын аяктай элек. Кенесарынын ордо чатырында кабактары чытылган, маанайлары пас Агыбай, Норузбай, Үрүстөм, Чымыр Байзак, ак койлуу Байет, Андаштар отурушат. Көз ирмебей мелтиреп үнсүз отурган Кенесарыга астыртан карай сөз козгоого эч кимиси даабайт. — Неге ундемейсиңдер?
Өз жаныңарды сүйрөп келдиңдерби?
— деп зирк этти Кенесары, эч кимисине назар салбаган калыбында. Отургандар үнсүз. Чатыр ичи тымтырс. Бир тынымдан кийин Норузбай: — Кенеке, Эржан төрөнү кыргыздар сайып түшүрүштү. Куткарууга аракет кылдык. Ылаажы болбоду. Алар көп да, демдүү да экен. Кыйын жоо окшойт, катуу салгылаштык.
Алардан да, бизден да өлгөндөр, жаралангандар көп болду. Биз үч жүз элүү жоокерден айрылдык, жаралангандары да ошончо, — деп агасын карады. — Өлүшсө нетейин, өлүмсүз согуш болобу. Көмгүлө өлгөндөрдү.
Эржан төрөнүн колун Агыбай баатыр башкарсын. Түшкө жетпей баштагыла чабуулду, мында конокко келген жоксуңдар. Кайра качкандарды атуу үчүн артынан куралдуу төлөңгүттөрдү койгула. Кыргыздарды эки жагынан айланып өтүп, артынан соккула, — деп катаал үн катты. Көзүнөн каар учкуну жана кебелбей отурган Кенесары иниси Эржандын тагдыры жөнүндө бир ооз сөз сурабады. Кол башылар сөз катууга батына алышпай, буйрукту аткаруу үчүн жылып чыга жөнөштү. Кыргыздар да эки капталдан чабуул болорун күтүп, даярданууда.
Мерчемдүү жерлерге мергендерди коюп, алгач таамай аткан ок менен каршы алып, анан жоонун эки жагынан айланып өтө курчап согушууну ойлоштуруп турушат. Жалган түш маалында эки тарабын күчтөндүрө Кенесары жоокерлери чабуулга өтүштү. Сол канатты Чымыр Байзак, ак койлуу Байет баштап, Норузбай, Агыбайлар Эржанды бошотуу ою менен оң канатта баратышат. Эки канатта да, туу багытында да чабуул койгондор чампан мылтыкчан жана жаа тарткан кыргыз мергендеринин огунан жапырылып, капталдан, бет маңдайдан чабуул койгондордун кысымына кабылып, илгерилей алышпады. Кыргыз жагыда бет маңдайдан жоонун катуу каршылыгына учурап, душмандын эки жагынан чыгып, курчап салгылашууга жетише албай турду. Кыл чайнап, кырчылдаша бетме-бет согушуу күчүнө кире, кылыч, найза тийип жыгылгандардын аянычтуу онтогондору ок жаңылып жыгылган аттардын кишинегенине,
кылыч, найза, калкан кагылышкандагы карсылдаган үндөргө аралаша теребелди адетте жок, кулакка жат, үрөй учурган жаңырык ээледи.Сарбагыштарды беттеген Чымыр Байзак колу үстөмдүккө өтүп турганда, арттан кошумча жардамга келген Түлкү баатырдын жигиттери абалды өзгөртүп, бешим ченде казактар туу түбүнө карай чегиништи. Аргын Агыбай баатыр жана Норузбай төрө үч миң чамалуу кол менен Эржан төрөнү куткарууну көздөп, эки ирет солтолорду каптап кирди. Жоо тарабы көптүк кылгандыктан солто жоокерлери чегине согушуп, Оро-Башыдан өтө бергенде, Жангарач бийдин акылы менен буктурмага коюлган алты жүз жигит капыстан качырып кирип, казак жоокерлеринин шаштысын кетирди. Бет маңдайдан жана капталдан сокку жеген казак жоокерлери качууга аргасыз болушту. Кыргыздар качкан жоону кубалабай кошундарына кайтты.
Согуштун үчүнчү күнү. Кенесары кол башылары туу түбүндө чогулуп, хандын сөзүн күтүүдө. Кабагына кар жааган Кенесары хан боз суп чепкенди желбегей жамына, чыгыш тарапка, кыргыз кошундарынын өңүттөрүнө көз жибере түнөргөн калыбында: — Кандай болсо да кыргыздарды чөгөлөтөмүн. Кол баштаган эрендерин жок кылуу керек, жекеге чакырып. Жолборс чапкан Төрөгелди, Балбай, жана эки Түлкү бар дейт го. Бөлтүрүк чечен, ошолордун көзүн тазаласак иш жеңилдейт. Колду иреттегиле. Жекеге чыкчу баатыр туу алдынан аттанат, — деп чатырына бет алды. Асман бүркөө, күндүн көзү көрүнбөйт. Айлана бозомук тарта, кандуу кыргынга аза күткөндөй тунжурайт. Эрте жаздын суук сыдырымы бойду ичиркентет. Эки тарап ок жетпес аралыкта эрөөлдөшүп турушат. Кенесары тараптан зээри бийик суйдаң жалдуу кара аргымакты аргытып чыккан, туулга, соот, чарайначан жигит ортолоп келип: — Жекеге, жекеге чык эр болсоң, — деп кыйкырып турду. Кыргыз тараптан кечээ кикармашта кылыч жаза тийип, кулагы шылынган Түлөкабыл баатыр Жантай бийге: — Бий аке, мен чыгайын, атым начар, ат котортуңуз, — деп өтүндү. Күлүк торуну алкынтып алдыңкы катарда туулгачан турган уулуна: — Ысабек, атыңды Түлөкөңө берчи, — деди бий ортого чыгып жекеге чыкчу эренди күтүп турган казак жоокерине көз жиберген сабырлуу калыбында. Күлүк торуну минип, туулга кийген Түлөкабыл баатыр найзаны оң колдоп суна, көз ирмебей, казак эренине каршы жөнөдү. Ал да найзасын суна кармап аргымакка камчы урду. Найза учунан жел ышкыра, көз ирмебей урган эки баатырдын найзалары калкандарга урунуп тайыды. Кайра кайрыла экөөтең жаалдана катуу качырышты. Жаадай учкан күлүк торучан Түлөкабыл найзаны ээрдин кашынан өйдө, калкандан ылдый мээлеп урду. Кара аргымак очорула түшүп, үстүндөгү эрен кулап түштү. Түлөкабыл кайра кайрыла кара аргымакты коштой өз тарабына жөнөдү. Кыргыз колу тараптан:«Оо, Кудай, арбак, Атаке, Талкан, Эсенгул, Бөлөкбай, Садыр», деген ураандар угулуп, эл дуулдап турду. Ындыны өчө түшкөн казак тараптан башына жашыл жоолук буунган, буурул атчан москоол жигит: — Аблай, Аблай, — деп ат ойното ортого чыкты. Каршы тараптан сарыбагыштын Абла уругунан, денеси чымыр, бою чарчы, ат үстүнө орноткон дөшүдөй нык отурган Кодоо Калча найза сунуп, жалдуу карагерге камчы ура, жаадай сызып буурул атчан эренди көздөдү. Ал да буурулга камчы ура, көз ирмебей найза суна Калчага каршы ат койду. Эки эрен тең көз ирмебей бири-бирине найза урушту. Найзалар тозгон калканга тийип тайгыла, аттар очорула түшүп оңоло, эки баатыр кайып өтүштү. Буурул ат тизгин чоё бир аз ала качып кайрылганча, күлүк торуну элпек бурган Калча казак эренин капталдан аттан түшүрө сайып, буурулду чылбырлап, өз колу жакка сызды.

#113 20 Март 2019 - 15:41
Эки эрени катар кулап, жоо күймөлүп турганда, эки ирет жоо сайып эрдемсиген кыргыздар тараптан чоң торуну алкынтып, башын кызыл жоолук менен бууган москоол жигит майданга чыкты. Намысы кайнаган Кенесарынын иниси Норузбай төрө кызыл ооз аргымакты аргыта, найзаны сол колдоп суна кызыл жоолук кыргыз эренин качырып кирди. Ал да чоң торуга камчы уруп, Норузбай төрөнү тик качырды. Найзакерден өмүрү кыйшайбаган Норузбай баатыр каршысынын найзасына калкан тосо тайгылтып, экинчи кайрыла беттешкенде ыкчам кыймылдай найзаны табарсыктан өйдөрөк мээлеп урду да, кайра тез бурула, аттан кулап түшкөн кыргыз эренинин тору аргымагын чылбырлай өз тарабына сызды. «Аблай,Аблай,
Кене хан» деп казак тарабы дуулдады. Кол башылары топтоло кеңеш курган кыргыз тараптан кара жалдуу чоң кула минген, туулга, соот, чарайна кийген, кең далы, жайык төш, келбеттүү жигит найза суна аргытып чыкты. Кызыл оозду ойнотуп, майданга экинчи ирет чыккан Норузбай баатыр кыргыз эренине найза сунду. Ал да көз ирмебей Норузбайга каршы ат койду. Найзалар калкандарга согулуп, тайый эрендер кайып өтүштү. Кыргыз жигити тизгин чоё кайрылганча,
тез бурулган Норузбай жаңы гана бурулган кыргыз эренин камынтпай сайып аттан түшүрүп, атын жетелеген бойдон тобуна кайтты. Кыргыз тарабы чочулай түштү. — Норузбай төрө өзү түшкөн тура, ага каршы Манде баатыр, Төрөгелди, же Түлөкабыл, же Адыл түшпөсө, башканын шаасы жетпейт, — деп Жантайды карады Жангарач бий. Мурунку күнкү урушта өзү башкарган жүз жоокери менен эпсиз эрдик көрсөтүп, жоонун тымтыракайын чыгарган, алты канат боз үйдүн түндүгүн колу менен бакансыз көтөргөн, экикезге бою бар, алп мүчөлүү, атагы казак, кыргызга «жез чочмор» деп бирдей тараган, «Сегизбектин» эң улуусу Бердибектин ортончу уулу Манде баатыр Норузбайдын кыргыздын эки эренин катар сайып түшүргөнүн көргөндө эки көзү оттой жанып, жаак эттери түйүлүп, жекеге чыкмакка Жибек жалга камчы урду эле, анын кечээки урушта сол ийнинин балык этине найза тийгенин билген Төрөгелди, атын суулуктап токтотуп: — Кой, сен чыкпа. Кыргыздарда жараланбаган соо кишиси калган эмес экен дебесин, мен чыгайын, — деди. — Жок, бата бергиле, мен чыгайын, деп Жантай, Жангарач бийлерге кайрылды, зээри бийик, мойну жаадай ийилген, суйдаң жалдуу, соорусу көмкөргөн казандай, Аксурдун үстүндө ээрге куюп койгондой бакыбат отурган Субандын уулу Адыл баатыр. «Аллоху акбар, Кызыр жылоолосун» деген бата үнүнө удаа, Аксур жебедей учуп топтон суурулду. Туулга, соотчон Адыл баатыр оң колдоп найза суна майданга сызды. Казак тараптан үчүнчү ирет кызыл ооз аргымакты аргыта Норузбай сол колдоп найза суна кыргыз эренине каршы ат койду. Сунулган найза учтарынан жел ышкыра, тулпарлар жебедей сызып, эки эрен көз ирмебей бири-бирине өлүм багыштап баратышат. Көз ирмем... Күч менен урулган найзалар тоскон калканга уруна, аттар очорула оңолуп, эки эрен кайкып чыга тизгинди тез жыйып, кайрадан найза суна бири-бирине жаалдана каршы чыгышты. Көз ирмебей найза урган эрдик күчтөрү, сунулган найзага илгиртпей калкан тоскон сезгич чеберликтери бирдей эки баатырдын талуу жерлерин мээлеп урган найзалары калканга уруна, аттар кош аяктап очорула оңолуп, кайра кайрылышкан эрендер үчүнчү ирет беттешкенде найзалар чарт сынып, кылычташууга өтүштү. Бири-биринин шилтеген кылычтарын тосо урушуп, өңүтталаша эки баатыр чай кайнамча кылычташып алыша албай турганда: «Аблай, Аблай,...Кенесары,
Кенесары...» деген ураан менен казак тарап чабуул баштады. Кыргыздар каршы ат коюп, майдан кандуу аламанга өттү. Тараптардын экөө тең бири-бирин айланта курчап «торго» алуу ыкмасын колдонуу аракетине өтүштү. Эки күндүк кармашууда бири-бирин айланып өтүп, арттан согуу ыкмаларын байкап калган тараптар бири-биринин кысымын кайтара кырчылдаша салгылашты.
Эрөөлдөшкөн эки жактын эч кимиси ийгиликке ээ боло албай, кандуу кармаш каш карая токтоп, өлгөндөрүн,
жарадар болгондорун жыйнап, илеңсалаң өз кошундарына кайтууга аргасыз болушту. Согуштун үчүнчү күнү. Эки күнкү кыргындуу кармашта курман болгондорду жайына коюу менен колу байлана түшкөн эки тарап бири-бирине ачык кол сала албай, кайгуулчулар аркалуу абалды дааналап билип, анан чабуулга өтүү аракетин күтүп тургансып, тынч түтүн булатышууда.
Fall into my trap :)
#114 20 Март 2019 - 16:01
ТЕКЕЛҮҮ-СЕҢИРДЕ
Күн чоң шашке. Булутсуз шаңкайган көгүш асманда күн жаз көктөмүнө нурун өмүр үчүн төгүп турганын пенделерге кабарлагансып, бейпил чачыратат; жарык дүйнөгө бир келген өмүрдүн кайталангыс экендигинен билдирейин дегенсип мээрим төгөт. Бетеге түбүндөгү жумурткалуу уясынан көтөрүлгөн боз торгой улам жогорулай табияттын кайталангыс сулуулугуна, жарыкчылыкка эки келбес ажайып өмүргө салават айткансып үн безейт. Эки күн удаа жан кыя салгылашып, чаалыккан пенделер ага кайдыгер. Бири башка бирөөнүн жерин, малын тартып алып, баюуну көздөсө, бири өз коломтосунун отун өчүрбөй сактап калууну эңсейт. Оро-Башынын оозунан бери чыга калдайган калың атчандын карааны көзгө уруна, созула бапылдаган сурнай үнү аба жара жоолашкан тараптардын көңүлүн бурду. Шор-Дөбөдө туу алдында кол башылар менен кеңеш куруп отурган Кенесары хандын кабагына кар жаап, ачуулуу. Жер каптаган кол менен үч күн бою салгылашып жатып, «кыргыздарды чөгөлөтөм» деген ою ишке ашпай, ишке ашмак эле турсун саны эки үч эсе аз жоого басым көрсөтө албаганына намысы сынып, ызасы кайнап, өзөгүн өрттөп турган кези. Капыстан бапылдаган сурнай үнү ансыз да сиркеси суу көтөрбөй турган текеберлүү ханды безге сайгандай селт эттирип, өнө-боюн ичиркентти. Анысын сыртынан билдирбөөгө аракеттенип, бирок жини келип, кыртыштаганын жашыра албай, айланасындагы кол башчыларына «бурк» этти: — Бу сыйырша мауреген неси? — Алдаяр таксыр, үч күндөн бери чабактары менен чарпышып турдук эле. Жаяны эми келген тура — Ормон хан келген тура жаңы кол менен, — деди сакалын сылай Кенесарыга астыртан көз чаптыра катарында олтурган чымыр Байзак. — Сен Байзак, Супатай экөөң кыргыздарды мактап, мени коркуталы деп кеңешип алгансыңарбы? — деп Байзакка каар төгө карады Кенесары. — Алдаяр ханым, Аблай тукумун коркутуп болобу. Кечиргейсиз, мен дурусун айтып турмун. Ормон хан күчтүү жоо. Жоонун күчүн чамалап, ошого жараша чара көрөсүзбү деген кеңешимгой, — деп тайсалдады чымыр Байзак. Кенесары бир азга ойлуу тунжурап турду.
Кыргыз колун эки, үч күндө уйпалап, Ормон ханды, билерман бийлери Жантай, Жангарач менен чөгөлөтүп, баштарын аламын, кара аламан кыргыздын мал-дүнүйөсүн, жер-суусун ээлеп, эр бүлөлөрүн оруска каршы согушка алып жөнөймүн деп эрдемсип келген Кенесарыны кыргыздардын өз коломтосун коргоп, өмүр, же өлүм деп жан кыя кырчылдашкан кайраты анын жеңем деген ишенимин солгундатып, кооптонтуп салды. Бирок али да болсо колу кыргыздардан алда канча көп экендигин, канетсе да уруш-чабыштарда көбүрөөк каныгып,бир беткей болуп калгандыгын ойлоп, ичинен чыйрала бел байлады. Бейкут жаткан айылдарды чаап, оңой олжого батып, жоокердик ар-намысты көр оокатка тап коюу менен алмаштырып, Кенесары ойлогон аскердик тартиптен эбак ажыраган кол өз ата конушун коргоп, катын-бала, кары-картаңдардын, жакындарынын айыпсыз төгүлгөн каны, эл намысы үчүн өлүмгө тике караган, каардуу ыза көкүрөгүн тиреген кыргыз колуна туруштук бере албасына Кенесарынын али көзү жетпеди. — Жыйырма миң колдун азгантай кыргыздарды ала алмай турганына ким ишенет? Мен көрүп турмун, жоокерлердин көбү жандарын сактоо аракетинде гана согушады. Үч жүз тандалма төлөңгүт бөлүнсүн. Алар чабуул койгондордун артынан үч тараптан такай түшүп,кайра качкандардын таттуу жандарын жаханнамга жиберип турушсун. Менин амирим токтоосуз аткарылсын. Кыргыздын ошол жаянынын кардын жарамын, — деп каарланды Кенесары хан. Кол башчылар бүгүн өлгөндөрдү жашырып, жоокерлерди эс алдырып, эртеңки чечкиндүү чабуулга даярдык көрүүгө тарашты.
Текелүү- Сеңир алдындагы дөңсөөгө тигилген он эки канат ак үйдүн алдында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт. Эр жак ыптасына түпөктүү найза сайылган. Хан ордосу көтөрүлгөнүн кабарлаган сурнай үнү абаны жаңырта барып басылды. Ормон хан келер замат Жантай, Жангарач бийлерди, Төрөгелди, Чынгыш, Түлөкабыл, Адыл, Алыбек, Дуулат баатырларды ээрчитип, жоокерлер кошундарын кыдырып көрө, бетме-бет көрүшө ал-жай сурап, абал менен таанышып жүрдү. Он беш төөгө жүктөтүп келген сүр эт, кошкон май, сүзмө, ун-талкан жоокерлерге таратылган. Хандын эки жүз чамалуу жигит менен азык-түлүк алып келиши жоокерлерге дем берип, маанайлары көтөрүңкү. Солто жоокерлерин аралап жүрүп бир кошунга келгенде Ормон хан жигиттердин саламын кабыл ала: — Алейкума салам, баатырлар, амансыңарбы? Демиңер кандай? Кене хандын шаймешкесин өлчөдүңөрбү? — деп күлө бага жоокерлер менен аңгемелешүүгө өттү. — Аманчылык таксыр, — деп жоокерлердин катарынан алга озо муруту жаңыдан түктөнө баштаган карасур, туулгачан жигит жооп улады. — Кудаага шүкүр, аманбыз. Кенесары хандын баскынчылары менен чарпышып, чамаларын байкадык. Алар кыргыздарды дароо эле уйпалап оңой олжого тунабыз деп келишкен окшойт. Оңой олжо жок экенин көрсөтүп атабыз биз аларга. — Алар жандарын ала качып, тике кармашуудан коркушат экен. — Жандары таттуу окшойт. — Оңой олжону ээлөө үчүн тирүү калуулары керек да. — Бизде аяй турган жан жок. — Үй-бүлөбүз тоо-ташта корголоп жүрөт, — деген үндөр жаады. — Ой, коё турсаңар боло,мен сөзүмдү бүтөйүн таксырга, — деп сөзүн улады туулгачан жигит.— Таксыр, биз алардын алын байкадык, биз алардын азабын колуна беребиз, ишенип коюңуз — Ыракмат баатырлар, демиңерге кудай өзү дем кошсун, — деп Ормон хан бийлердин, колбашылардын коштоосунда жоокер кошуундарын кыдырууну улантты

#115 20 Март 2019 - 16:11
Эрте бешим. Хандын майдан ордосунда кеңеш жүрүүдө. Бийлерди, кол башыларды ээрчите жагдай менен таанышып чыккан Ормон хан ойлуу мелтиреген калыбында: — Ниети казатта курман болгондордун арбагына куран окулсун, — деди. Хандын оң тарабында отурган уйгур дамбылда Махмуд ажы курани каримден «Ясин» сүрөөсүн кырааты менен окуп, отургандар бата тилешти. Батадан кийин тунжурай түшкөн тынчтыкты буза: — Кайран эр, Калпак баатыр жүрөгүндө жалы бар эр эле. Шейит кетиптир, жаны жаннатта болсун, — деди Ормон хан. — Калпак баатыр жыйырма чакты жигити, инилери менен Кенесарынын үч жүздөн ашыктан далма төлөңгүттөрү менен согушуп, жүздөн ашык төлөңгүттү жайлап, өзү, инилери,жигиттери менен курман болушту, — деди Жантай бий ичинен келме келтире сакалын сылай. — Жүздөрү курусун канкорлордун,
мыкаачылардын.
Баатырды тирүүлөй кыйнап өлтүрүшүптүр.
Жасаган мыкаачылыктарын айтууга дитиң даабайт, — деди ичинен билинер билинбес улутунган Жангарач бий. — ...Тирүүлөргө көрсөткөн мыкаачылыктарын мындай коюңуз. Өлгөндөрдүн арбактарын кордоп, Эшкожо, Канай баатырлардын жазанаттарын чачышыптыр,
— деди Чынгыш. — Ля иллаха илла Алла, Мухамед расул Алла, — деп келме келтире жакасын кармады, мыкаачылардын адам оозго алгыс акмакчылыгынан үрөйү учкан Махмуд дамбылда. — Капканда бутун калтырып качып чыккан көк жал бөрүнүн кылар иши да. Бийликтин кара чаар жыланы көөдөнүн тепкен Аблай тукумунан ырайым күтүүгө болбойт. Канкордун көзүн тезирээк тазалоонун айласын ойлонолу, — деп Ормон хан санын мыкчый, бир тынымга ойлуу отурду да: — Кенесары жоокерлеринин тоо тарабын кимдер тосот? — деди. — Тоо тарабын бүтүндөй Талкан кармап турат, — деди Жангарач бий. — Суу жагынан ким туруштук берет? — Суу тарабын тынай, черикчи, бөлөкбайлар кармап турушат, — деди Жантай бий. — Күн батышты беттегендердичи?
— Эсенгул, саяк туугандарыңыз,
— деди Дуулат. — Казактар бугуп калышты, бүгүн чабуулга өтөлү, — деди Чынгыш. — Туура айтат, азыр капилет басабыз, — деп обдулду Төрөгелди. — Биз даярбыз, — деп удаа үн катышты тынай кол башылары Молтой менен Калча баатыр. Жоокерлердин шыктанып турган демин байкаган Ормон хан бир аз ойлуу турду да: — Ашыкпагыла,
бүгүн чабуул коюлбайт. Бүтүмдү бузгандардын малын талоонго, башын камоого кетиремин. Чабуулду качан, кандай баштоо керек экенин айтабыз. Алыбек, Чаргын баштаган чампан мылтыктуу кырк мерген өңүттүү жерди эээлешип, жоону карата бирден машаа кошуп, мылтык атышсын. Аны Орозбак сурнай-керней менен кошто ттурсун. Асман, жер дүңгүрөп, тоо жаңырсын. Жоонун үшүн алуу керек. Азыр камбыл жигиттерден эки жүздү даярдагыла.
Эртең менен таң саарынан баштап тескей тоо кырларынан,
кокту-колоттордон аттарына караган, тал сүйрөтүп, кечке чейин тынбай чаңдатып тургандай болушсун, — деп бир аз ойлуу турду да: — Бүгүн көз байлангандан баштап, Оро-Башынын оозунан Кең-Булуңга чейин, эки жигитке бирден эр отун жактыргыла.
Түн ортосу ооганча от өчпөсүн, — деди Ормон хан. — Таксыр, эч кимдин оюна келбей турган амалдуу акылды таптыңыз го, — деп борс-борс күлдү Жантай бий. — Табылгыс акыл, антпесе жаны ачыган Кенесары колунун көптүгүнө салып, бизди мертинтип кетиши толук ыктымал болуп турбайбы. Кармашта душмандын жүрөгүнүн үшүн алуу өтө керек. Таксырдын бул амалы сандаган колдун караанына тең болору шексиз, — деп мурутунан жылмая Ормон хандын акылына таң берип турду Жангарач бий. — Жангарач бий, сиз кандай дейсиз, сизге коңшу Супатай, Үрүстөм султандарга эки бир тууган эл бири-бирибизди шайтан азгырыгына кошулуп кыргынга салбайлы, деп жашыруун салам дуба жиберсем деп турамын. Кат жазууга болбойт, кокус колуна тийсе Кенесары аларды тукум курут кылат. Менин кестигимди колуна берип, бир эстүү киши жөнөтөлү бүгүн түнү менен. Жашыруун жетип тапшырганга жарай турган аяр киши керек, — деп Жангарач бийге кайрылды Ормон хан. — Тарбиялуу, эстүү киши табылат. Хан ага, менин кестигимди алып барсын. Хан кестиги кынында болгону абзел, — деди сезимтал Жангарач бий. — Бул сөзүңдүн жөнү бар. Казакча так сүйлөй билген үч киши даярдагыла.
Тымызын бүгүн түнү менен барып, көп казакка аралашып, Супатайга жашыруун жолугуп, салам дубаны тапшырып, жообун уксун. Биз жактан чыккан чаң, күйгөн оттордун жайын: ар бир эр отунда 150дөн ашык жоокер бар, тынбай чаң сала туш-туштан келип, чабуулга азырланып турган кыргыз колунун саны, шайма-шайлыгы катары жоокерлер арасында сөз таратып, дүрбөлөң түшүрүү аракетин көрүшсүн. Жөнөр алдында мага аларды жолуктургула,
— деп Ормон Жангарач, Жантай бийлерге карады.
Fall into my trap :)
#116 20 Март 2019 - 16:37
— Бали, акыл эмес бекен! Кудай жалгап казактар коркконунан согушпай качып кетишкей эле, — деп күлдү Түлөкабыл баатыр. — Жангарач бий бул ишти сиз көзөмөлдөңүз.
Ошол кишилер эртең түнү менен кайра келип,болгон ишти бизге айтып бергендей болушсун, — деди Ормон хан. Аңгыча эшиктен кирген Саза: — Таксыр, ай туякка бата сурайбыз, — деп ызаат менен Ормон ханга кайрылды. — Аа, андай болсо жүрүңүздөр,
— деп Ормон хан ордунан тура баары батага чыгышты. Ак боз бээни кыбыла карата туура тартып, бата тиленери менен Алыбек, Чаргындар баш болгон 40—50 мерген машаа кошо жоонун тобун көздөй бир дем менен мылтык атышты. Тоо жарган мылтык үндөрү бапылдай созулган сурнай, керней добушу менен коштоло үрөйдү учура кандуу калабадан кабар бергенсип турду. Каалгый бир аз ойлуу турган хан тобу ордого кирип, кеңеш курууга өттү. Көз байланган маал. Машаа кошулуп бир дем менен бир нече иреттоо жаңырта атылган мылтык үндөрү, ага кошула бапылдай созулган сурнай, керней добушу Кенесары жоокерлеринин көбүнүн үрөйлөрүн учуруп, тынчсызданган кобур-собурду пайда кылды. — Ойбай, ушунчалык жер дүңгүрөткөн не деген мылтыгы бар бу кыргыздардын?
! — Мылтык мындай үн чыгара албайт, бул замбирек болуу керек. — Мылтык экени анык гой. Төлөңгүт Сейсенбайдын тобунан бири окко учуптур. — Я пирим ай, кандай күн болор экен. Кайрылып катын-баланы көрө албайбыз го. — Не болсо шо болсун. Көп менен бирге көрөбүз. — Көп, эмне, сени октон калкалап калабы? — Ар кимдин өз жаны өзүнө таттуу. Жанды сактоо керек, — деген кобурга аралаша, малакайын баса кийип, отко колун кактап жылына отурган кара сакал киши: — Кыргыз ханы көзгө атар мергенден эки миңди алып, он миң кол менен бүгүн келип түштү дейт, — деди кайдыгер сымал колун кактап, ушалаган калыбында. — Ошондой, анын аскерин сыйырча мөөрөгөн көз боочу ээрчип жүрөт дейт, — деди дагы бирөө. — Ойбай, не болсо да оңбой калдык окшойт, жанды сактоо керек, — деген үнгө удаа отургандардын бирөө: — Ой жапырымай, не болуп кетти, карагылачы аноу тоо этектери, талааларды,
— деп кыйкыра ордунан тура калды. Баарынын көңүлү өйүз жакка бурулду. Асмандагы жылдыздай жымыңдаган сансыз оттор тоо этектеринен тарта бүтүндөй талааны көз жеткен жерге чейин каптап жымыңдайт. — Ушунча көп оттор. Өрт чыкканбы? — Жок, өрт болсо чогуу жалындабайт беле. Ар бири белгилүү аралыкта күйгөн эр оттору турбайбы. Жоокерлердин тамактанып турган кези тура. — Бул оттордун ар биринде 50—60 жоокер отурат дебейсиңби?
— Мынча көп жоокерлерди каптап ким согушат? Өлөт экенбиз го. — Несин айтасың, өлүм көрүнүп турбайбы? — Эптеп жанды сактап үйгө тирүү кетели. — Кантип тирүү кетебиз, артка кылчайгандарды төлөңгүттөр атып турса. — Ансыз деле канча киши өлдү, — деген кооптонуу аралап жоокерлердин ындыны өчүптурду. Кенесары хандын чатыр ордосунда онунчу панар үлүңдөйт. Төрдө ойлуу, кабагы бүркөө отурган Кенесары кол башылары Норузбай, Агыбай. Чымыр Байзак, Супатай, Үрүстөмдөр менен эртеңки согуш жөнүндө ой бөлүшүп отурат. — Кене ага, — деди Норузбай, — мылтыкчан мергендерди топтоп, эки каптал жакка коёлу. Кыргыздар чабуулга өткөндөн кийин капыстан атып, мизин кайтарып, анан чабуулга өтөлү. Түнөрүп отурган Кенесары чарт жарыла: — Неге күтүп отурабыз, кыргыздар качан келет деп. Эртең менен үч багыт менен жоокерлерди чабуулга алып чыгабыз. Кыргыздарды алардан озунуп басуу керек. Мылтыкчандардын жарымын буктурмага коюп, жарымына колдун артын тостургула.
Кайра качкандарды суроосуз атып турушсун. Төрт күндөн бери 20000 кол менен кыргыздарды ала албай турганыбыз уят, — деп үнү буулуга кескин унчукту. — Аллаяр таксыр, кечиргейсиз,
кыргыздын тоо-талаалары жылдыздап жанган отторго толуп турат. Не экени белгисиз, — деп Кенесарыга таазим эте ийилди, сырттан жаңы кирген кайтарыкчы төлөңгүттөрдүн башчысы. — Эмне от экен? Өрт чыккандыр, — деди Кенесары. — Таксыр, өрткө окшобойт. Айрым жагылган эр оттору сыяктанат, — деп кайра кетенчиктей сыртка чыкты сакчы. — Кана, эмне оттор экен көрөлүчү, — деп Кенесары ордунан тура жөнөдү. Кол башылардын баары тышка чыгышты. Өйүзгү тоо этектеринен Чүй талаасынын көз жеткен жерине чейин жылдыздай жымыңдап жанган сансыз оттор... Кенесары кол башылары менен бир тынымга үнсүз теребелге көз чаптырып турушту. — Жылдыздар жерге түшкөнбү, же кыргыздар ушунча көппү? — деп ичинен күңгүрөнгөн Кенесары хандын жан-туюмун биринчи жолу коркуу, кооптонуу сезими аралап өттү. — Аллаяр таксыр, бул эр оттору го. Ормон хан менен келген жоокерлер от жагып, тамактанып туру го, — деди Үрүстөм султан. — Бизди айланта курчап алган го, — деп кооптонгонун билдирди Агыбай баатыр. — Болду, жетишет, — деп зирк эте, баргыла колду эртеңки чабуулга даярдагыла,
— деди Кенесары өзүнүн жүрөгүндөгү кооптонууну билдирбөө аракетинде үнүн катаал чыгара. Эртеси таң сүрө, жерге жарык түшкөндөн баштап, Чүй тескейинин кокту-колот,
жылгаларынан,
жон-кырларынан,
Кичи-Кемин, Боролдой, Желаргы, Тайгак, Боом, КызылСуу, Шамшы, Кегети жактардан уюлгуй көтөрүлгөн чаң асманга көтөрүлө айлананы чулгап, чыгыштан соккон сыдырым шамал менен Кенесары кошунун каптап турду. Таң саарынан туруп, ордо чатырынын жанында чогулган кол башылары менен чабуул баштоого буйрук берүү үчүн чыккан Кенесары ханды кыргыздын тоо-кырлары,
кокту колотторунан көтөрүлгөн чаң ойго салып, түнкү оттордон улам пайда болгон кооптонуусун ашкерелегенсип,
апкаарытты.
Fall into my trap :)
#117 20 Март 2019 - 17:05
— Бул уюлгуган чаңдын сыры эмнеде болду экен? — деп билмексен боло өз алдынча ойжоруган болду Кенесары хан чочуп турганын билдирбөө аракетинде үнүн токтоо чыгарып. — Чаңдын сырын кыргыз менен ирегелеш Супатай бий жорубаса, — деди Агыбай баатыр. Кечинде жашыруун тыңчы аркалуу Ормон хандан салам дуба алган Супатай бий билмексен боло: — Ким билет? Малдын чаңы дейин десем — окшобойт; мынчалык көп малды тынымсыз эч ким айдабайт. Айдаса да бир ирет айдап өтүп кетет эле да. Мына бу тоолордон ары Суусамыр, Жумгал, Кочкор, Нарын, Куртка, Ат-Башы деген аймактар бар. Ошол жактардан жыйналган кол Ормон хандын чакырыгы менен казатка келип турабы деп гана болжоого болот, — деди.Түндөгү сансыз оттор, азыркы асманды бербей айлананы чулгаган чаң, Супатайдын божомолу бири-бирин ырастап тургансып, кол башылардын маанайын чөгөрүп турду. Муну байкаган Кенесары: — Жыйырма миң кол аз эмес. Качпай кармаша билүү керек. Үзөңгүгө бут салганда башыбыз тобокелге байланган. Бабабыз Аблай хан нечен ирет кыйрата жүргөн кыргыздарды.
Кошуунуңарга барып, чабуулга даярдангыла.
Күн чыга баштайбыз, — деп чатырына бет алды хан. Текелүү-Сеңир алдындагы дөңсөөгө тигилген Ормон хандын көчмө ордосу алдында ак айчыктуу кызыл туу желбирейт. Туу алдында Жантай, Жангарач, Төрөгелди, Түлөкабыл, Чынгыш, Адыл, Дуулат, Алыбек жана башка кол башкарган баатырлардын курчоосунда турган Ормон хан: — Түндөгү жанган эр оттору, бүгүн «казатка келип аткан жоокерлердин» чаңы да ойдогудай болуп турат. Жолборстун жүрөгүн жесе да Кенесарынын жүрөгү «солк» эткендир. Эми көрөсүңөр, казактар күн чыга чабуулга чыгышат. Биз мергендерди алдыга коюп, бута атым келгенде ок чыгаргандай бололу. Кырк, элүү мергендин жапырт аткан октору чабуулчуларды
бат эле жапырат. Алар жапырылып чегинери менен артынан эмес, эки капталынан чабуул коюп бөлө жарып согуу керек. Ок жеп, эки жактан чабуулга тушуккан жоо туруктуу каршылык көрсөтө албай калат. Казактар чабуул коймоюнча тынч болгула. Дагы бир айтарым, азыр кетмен, күрөк менен камбыл жигиттерди дайындап, Кенесарынын колу ичүүчү суунун нугун бери бурдургула.
Жоо колун бүгүн кечинде суусуз калтыруу зарыл, —деди да ордосуна бет алды. Кол башылар буйрукту аткаруу үчүн кошундарына жөнөштү. Күндүн муруту чачырай Кенесары жоокерлери эки канат, туу алды болуп, дымып турга нкыргыз тарапка жабыла ат коюшту. Түндөгү жыбыраган оттор, эртеден бери тынбай уюлгуптурган чаң үшүн алган казак жоокерлеринин деми бош эле. «Аблай, Аблай» деген үзүл-кесил чуу менен келаткан баскынчылар бута атымга келгенде кырк-элүү мылтыктан удаа, удаа атылган окко учуп, жапырылууга аргасыз болду. Алдыда келаткандардын өлүктөрү сулаган бойдон ортодо жатты. Атылган октордун жыштыгы, таамайлыгы мурдагы эки күндөгүдөн өзгөчө эле. Жапырыла качкан жоону кыргыз жоокерлери эки капталынан бөлө согуп, бөлүнүп ирети бузулган топ эми артынан түшкөн кысымга учурап шаштысы кетти. Казак тарап ит урушун салып качып согушууга аргасыз болушту. Кача согушкандарды Кенесарынын буйругу менен арттан тоскон өз төлөңгүттөрү окко алып, жыгып турушту. Жыгылгандардын өлүм алдындагы жарыкчылык менен коштошкон аянычтуу кыйкырыктары,
жаралангандардын онтогон үндөрү, аттардын кишенегенине коштоло айлананы үрөй учурган, адам жан-дүйнөсүнө жат ызы-чууга толтурду. Октун күчү менен кайрылган казак жоокерлеринин кээ бирлери «жан сауга» деп куралдарын таштап, кыргыз тарапка өтө башташты. Кыргыз жоокерлеринин жоону капталдан айланып, артына өтүү аракети Кенесарынын мергендеринин окторуна тушуга, бөлүнгөн жоону туу түбүн карай кысып бараткандарга кошула согушууга өтүштү. Туу түбүнө кысым күчөй, Кенесары ордосуна коркунуч тууганын көрүп, буктурмадагы мергендерин ордонун тегерегине топтоп айланта коргонууга өткөрдү. Бул жагдайды байкаган кыргыз жоокерлери туу түбүнө кысымды бошотуп, жоонун мергендерден бош калган эки канатына чабуулга өттү. Демилге кыргыз тарабында болуп, жан сактоо аракетинде кача согушкан казак жоокерлери көп жоготууга учурай баштады. Кыргыздар улам кысымды азайта берип салгылашууну токтотту. Казактардын шамыян кайрууга алы жок эле. Эки тарап өлгөндөрүн,
жарадар болгондорун жыйнап, кошуундарына кайтышты. Кыргыз жоокерлеринен он экиси каза болуп, отуздан ашууну жараланган эле.
Fall into my trap :)
#118 20 Март 2019 - 17:27
Көз байланган маал. Ормон хандын ордосунда Жантай, Жангарач бийлер, Төрөгелди, Чынгыш, Молтой, Түлөкабыл, Алыбек, Адыл, Дуулаттар бүгүнкү согуш жөнүндө ой бөлүшүп отурушат. — Казактар ичүүчү суу бөгөлүп бүттүбү? — деди Ормон хан көз ирмебей мелтиреген калыбында. — Бүттү, биз барып аныгын көрдүк. Кенесары тамчы суусуз калды, — деди ишке канааттанган Жантай бий, күмүш чегелүү мүйүз чакчасын алып, насвай ата сакалын сылай. — Аа, жакшы болгон экен. Эртең казактар чабуулга чыга албас. Шейит кеткен жоокерлерди ага-туугандарына кабарлап, ариеттеп жайына узаткыла. Жаралангандарды айылдарга жеткиргиле,
табыптар көрүшсүн. Эртең биз да чабуул жасабайбыз.
Жоокерлерди тоюндуруп эс алдыргыла, — деди Ормон хан. — Хан ага, эмне үчүн чабуул жасабайбыз?
Казактар алсырап турушат. Бүгүн суусуз калышты. Эртең кол салсак сөзсүз кыйратабыз,
— деп обдулду алп мүчөлүү Төрөгелди баатыр, туулгасынын чекесин көтөрө, мурутун жаный. — Жаралуу каманды түз качырса чалып алат. Чабуул койсок аянары жок Кенесары бардык мергендерин,
төлөңгүттөрүн жыйып, ок менен тосот. Жоокерлердин канын бөөдө төктүрбөймүн,
баатыр. Мен азыр жоо тараптан ишенимдүү кабар күтүп отурамын. Чабуулдун убагын мен айтамын. Кечке жуук жоокерлердин баары ак көйнөктөрүн сыртынан кийип турушсун, — деди Ормон хан. Жантай, Жангарач бийлер хандын дагы бир ойдо жок амалды ойлоп турганын туя, бири-бирин карап, жылмая баш ийкешти. Аңгыча эшик ага жигит кирип таасим эте: — Таксыр, бир киши сизге зарыл ишим бар, жолуктур дейт, — деди. — Бир азга күтө турсун, биз ишибизди бүтөлү, — деп эшик агага кол жаңсады да, — эмесе эртеңки болор иштер жөнүндө макулдаштык.
Кошуундарга барып, жоокерлер менен көзмө көз сүйлөшүп, кем-карчтарын толуктагыла.
Эртең кечке эс алышат. Кечке жуук айтабыз эмне иштөө керектигин,
— деди Ормон хан. Жантай, Жангарач экөөнөн башкалар кеткенден кийин эшик ачылып, кечээ кечинде душман кошунуна жашыруун салам дуба менен кеткен киши салам айта кирди. — Алейкума салам, өтүп орун ал да, болгон ишти ирети менен шашылбай бизге баяндап бер,— деди Ормон хан. Тыңчы киши бийлерден төмөнүрөөк отуруп, быжыгыр кара сакалын сылай бата тилеген болуп: — Кечээ түнү менен душман ичинде болдум. Ыгын таап, тымызын Супатай бийге жолугуп, сиздин таберик салам дубаңызды тапшырдым. Бий салам дубага өтө курсантмын,
хандын саламдубасы кабыл болот. Кыргыз жоокерлери чабуулга өткөндө, мен өз жоокерлерим менен майдандан чыгып кетемин. Үрүстөм султанга Ормон хандын салам дубасын айтамын. Ал да өз жоокерлери менен майдандан чыгып кетет. Эки бир тууган элге амандык, тынчтык тилейбиз. Ханга биздин макулдук салам дубабызды айта бар, — деди. — Дурус кебиң бар экен, ыракмат. Эми казак жоокерлеринин ичинде эмне кеп бар? Кандай маанайда? Ошонун жайынан кеп урчу, — деди Ормон хан. — Казак жоокерлеринин арасы ирип турат десе болот, — деп үнүн көтөрүңкү чыгара кебин улады, хандын өзгөчө көңүл бөлгөнүнө ыраазы болгон тыңчы. — Кечээ түнү жагылган сансыз эр оттору, бүгүн эртең мененден ой-кырдан, ар тараптан уюлгуган чаң айлаларын кетирип турат. Кыргыз жоокерлеринин көптүгүнөн жүрөктөрү титиреп, жандарын сактап калуу үчүн качууга даярданып тургандары арбын экени байкалат. Өлгөндөрү абдан көп. Миңден ашат го. Көмүүгө чамалары жетпей жатат. Бүгүн дигерден кийин ичерге суулары жок калышты. Кенесары хандын өзүнүн айласы түгөнүп тургандай түрү барбы дейм, — деп сөзүн аяктай оңдонуп отурду тыңчы. — Дурус, дурус жүрүпсүң. Кызматыңдын мөөсүлү жоону жеңгенден кийин болот. Эми тамактанып эс ал да, түнү менен кайра ордуңда бол. Супатай, Үрүстөм бийлерге биздин бир туугандык ыраазылыгыбызды айт. Иншалла, эртеңки түнү көз байланганда биздин жоокерлер чабуулга өтүшөт. Баары ак көйнөкчөн болушат. Супатай менен Үрүстөм жоокерлерин чыгарып кетүү жеңил болсун десе жоокерлеринин ак көйнөктөрүн сыртынан кийгизип алышсын. Эртең көз байланардан эртерээк кайра кайтып, иштин жайын бизге кабарлап бергендей бол. Жолуңду Кудай ачсын, — деп хан сөзүн бүттү. Тыңчы ордунан тура арты менен жылып тышка чыкты. Хан ордосундагы кеңеш түн ортосуна чейин уланды. Түн. Кенесары ордосунда онунчу шам бүлбүлдөйт.
Жашыруун жыйын жүрүүдө. Норузбай, Агыбай баш болгон кол башылардын,
баарынын маанайлары пас. Кенесары хан тунжурап үнсүз. Эч кимиси озунуп сүйлөөгө батына албай, бири-бирин карашат. Тунжураган үнсүз тынчтыкты Норузбай төрөнүн салмактуу үнү бузду: — Хан ага, акыл табыңыз. Ал-абал өтө оор. Өлгөндөрдү көмүүгө да үлгүрө албадык. Жоокерлердин көңүлү чабуулдан кайт болгону байкалып турат. Качып кетип аткандары бар. Тоо-түздө күйгөн оттор, кечээтен бери жардамга келген кыргыз колдору биздин кетүүчү жолду тороп алган сыяктуу. Бүгүн кечтен бери жоокерлер ичерге суусуз калышты. Кыргыздар суунун нугун буруп кетишиптир.
Арга түгөнүп тур, — деди төрө. — Не кыл дейсиңдер? Өлгөндөрдү көмгүлө, качкандарды кармап аткыла. Жаңы чабуулга даярдангыла.
Кыргыздар озунуп чабуулга өтүшсө мылтыкчандарды коюп тоскула, — деп зирк этти ачууга буулугуп, айласы түгөнүп турган Кенесары хан. — Кенеке, — деп сөз улады баарынан ыкыбалы жакыныраак Чубуртмалуу Агыбай баатыр,— ок-дары да түгөндү. Кармашуу мындай узак созулат деп ойлогонубуз жок эле да. Жоокерлердин деми караманча кайтып калды. Ичерге суусуз кантип согушар экен? — деди. — Согушат, мен согуштурамын.
Аблай тукуму өлгөндө башкалардын тирүү калууга акысы жок. Даярдангыла кармашууга,
— деп кескин айтты Кенесары.
Fall into my trap :)
#119 20 Март 2019 - 17:40
Сөз түгөнгөнүн туйган колбашылардын Норузбайдан башкалары жай-жайына тарашты. Буулуга түнөргөн Кенесары кенен чатырдын эшигинен төрүнө чейин ары-бери басып, оюн жыйнай албай алектенип турду. Эки чыканагын санына таяп, башын жерге сала түнөргөн Норузбай тунжураган ой туткунунда отурат. Эки бир тууган баштарына түшкөн мүшкүлдү өз ойлорунда жоруй, унчукпаган тейлеринде бир оокум убакыт өттү. Норузбай башын өйдө көтөрүп: — Кене ага, бир тууганча сүйлөшөлү, отуруңуз, — деди. Түтөп турган Кенесары: — Ой-бай, карагым ай, не дегени турсуң, — деп ордуна отурду. — Агатайым, ойлонуңузчу,
Эсенгелди, Саржан төрөлөр Кокондон мерт болушту. Эржан төрөнү бул жерден жоготтук. Өлүмдөн мен да коркпоймун.
Бир гана өкүнүч, уулдарыңыз да мында. Биз өлүмгө бел байласак Касым төрөнүн тукуму курут болобу? Менин тилимди алыңыз. Ишенимдүү төлөңгүттөрдөн миңди баштап, сизди уулдарыңыз менен ортого алып, кыргыздын курчоосун бузуп өтүп кетейин, — деди. Кырчындай солкулдаган,
жыйырма бешке жаңы чыккан инисин ичинен аяп турган Кенесары: — Наукен жан, айткандарың туура. Менин да оюма келип тур. Бирок көз көрүнөө качсак төрө намысына доо кетер. Мен бир арга ойлоп турамын. Эртең Ормон ханга элдешели деп элчи жиберейин. Кабыл алса согушту бүтүрүп, элге кайтабыз. Иш оңунан чыкпаса түнкүсүн кетүү амалын көрүү керек. Барып эс ал, — деди да, өзү таңды күтө чырм этип эс алууга жайланды. Күн чоң шашке. Асман шаңкая булутсуз. Жаз күнү нурун көктөмдүү жерге төгө бейкут жадырайт. Эки тарап тең алдыдагы чабуулга даярдык көргөн сымал тынч. Текелүү-Сеңир алдындагы айчыктуу кызыл туу желбиреген кыргыз ордосуна бет ала келаткан салт атчан үч кишини ордого бута атым калганда хан сакчылары токтотту. Бейтааныш кишилер салам айтышты. — Алейкума салам, силер кимсиңер, кайда барасыңар? — деди сакчылардын башчысы туулгачан кер мурут жигит. — Биз элчибиз, Кенесары хандын элчилерибиз.
Ормон ханга жолугалы, хандын саламдубасын айталы деп келатабыз. Элчиге өлүм жок, бизди туткундабай ханга жолуктургула,
—деди жээрде сакал, тегерек бет, көзү чекир, боз пиязы чепкенчен, кырбуусу тайкы тебетейин көтөрө кийген салабаттуу киши. — Элчи болсоңор атыңардан түшкүлө. Тиешелүү кишилерге кабар беребиз, жооп келгенче ушундай турасыңар. Жандарын тинт, куралдары болсо ал, — деп сакчы башчы жанындагы жигитке буюрду да, өзү ордого жөнөдү. Ордодо Ормон хан жалгыз ойлуу отурду. Эшик ачыла кирген Саза: — Таксыр, Кенесары хандан элчилер келиптир. Кабыл аласызбы, — деп ызаат менен ханга кайрылды. — Аа, ошондойбу!
Кенесары канкордун тумшугуна суу жеткен экен да. Элчилерди мага келтирбегиле.
Элдешүүгө болбойт. Үйгө киргизбей, талаадан узаткыла. Бир эле ооз сөз «элдешпейбиз».
Эч кимге кол тийгиздирбей,
кошундарына жеткенче көзөмөлдөп тургула. Мага келүүчү жашыруун кишини токтоосуз киргизгиле,
— деп кошумчалады хан. Саза элчилерди узатканы кетти. Дигер маалы. Ормон хандын ордосунда кезектеги аскер жыйыны өтүүдө. Маанайлары көтөрүңкү Жантай, Жангарач, Токтор бийлер, Төрөгелди, Чынгыш, Алыбек, Түлөкабыл, Адыл, Молтой кол башылар хандан сөз күтүүдө. Жыйынга келгендерге бир сыйра көз чаптыра: — Жоокерлердин даярдыгы, деми кандай? Кечээки койгон шарттар аткарылдыбы?
— деди Ормон хан. — Жоокерлер демдүү, чабуулга чыгууга даяр турушат, — деди Төрөгелди. — Душман эс-учун жыя электе чабуулга өтсөкпү деп турамын, — деп кошумчалады Чынгыш. — Жангарач экөөбүз кыдырып чыктык. Чабуулга кийүүчү ак көйнөктөрү да даяр экен, —деди Жантай бий. — Дурус, дурус экен. Жоокерлердин эсен, демдүү болгондору жакшы, — деп санын мыкчый бир аз ойлуу турду да, — душман тарапка жиберген жашыруун киши келди. Супатай, Үрүстөм султандар биздин салам дубаны кабылдап, жоокерлерин биз жактан чабуул башталары менен майдандан чыгарып кетүүгө даяр экен. Кечээтен бери ичээрге суусуз калган Кенесары жоокерлеринин көбү качууга даярданып турган сыягы бар. Кенесары айласы куруп, бүгүн күндүз элдешели деп элчилерин жибериптир,
— деп Ормон хан бир сөзүн үзө калганда: — Жарга такалганда канкордун ынтымакчыл боло калганын көр, — деди Жантай бий. — Ажалы көзүнө көрүнүп турат го, — деп сөз кыстарды Чынгыш. — Ырас айтасыңар, ошондой. Элчини биз кабыл албадык. Саза тыштан узатып койду. Кудаа кааласа бүгүн түнү Кенесары канкор менен элдин эсебин бүтүрөбүзбү деп турамын. Көз байланган маалда чабуулду баштайбыз. Жоокерлер ак көйнөктөрүн сыртынан кийишсин. Чабуул башталар алдында Алыбек, Чаргындын мергендери машаа кошуп, бир дем менен мылтык атышсын. Ага удаа Орозбактын сурнай, кернейлери тартылсын. Ага чейин жоокерлерди тамактандырып,
ат шайман, каруу-жарактарынын даярдыгын текшерип чыккыла. Он башы, жүз башы, миң башылар өз жоокерлерине толук ээ болуулары керек. Иш ушундай, иншалла. Бүгүнкү түн казак, кыргыз эки элдин жоолашуусунун акыркы түнү болгусу бардыр. Азыр биз да чогуубуз менен жоокерлерди кыдырып, чабуул алдында дем берели, — деп Ормон хан ордунан турду. Баары ханды ээрчий, жоокерлердин акыркы даярдыктарын көрүүгө жөнөштү
Fall into my trap :)
#120 20 Март 2019 - 17:56
Күн тоо кыркасынан кызара батып баратат. Кенесары кыргызга жиберген элчисин ордо чатырында кабыл алды. — Ушундай дечи. Баччагарлар,
Ормон ханга жеткирген эмес экен да, — деди ойлуу отурган Кенесары хан. — Ошондой, таксыр, ханына жеткирбей тосушту. Бирок Ормон ханга кабарлагандай болушту. Ал «элдешпейбиз,
жоолашкан да эмеспиз, Кенесары хан өзү келип катылды», деп айтты дешти, бизди кабыл алган жигит башысы, — деди элчи. — Түшүнүктүү,
— деди Кенесары токтоо калыбында элчиге аргасыз абалын билгизбөө аракетинде,
— кыргыздардын ал-абалын аз да болсо баамдай албадыңбы? — деп суроо узатты. — Артык баш кыймыл көзгө көрүнбөдү. Тартиптери өтө катаал сыяктанат. Ордого бута атым жан жолотпой куралдуу сакчылар турат. Чыгыш жактан түтүн булайт, аскер кошундары ошол тарапта го деп болжодум. Бизди катаал тосуп алып, эч жакка кайрылтпай кайра узатышты,— деди элчи. — Ыракмат, жайыңызга барыңыз, — деди Кенесары түнөргөн калыбында. Элчи чыгып кете, Норузбай төрө, Агыбай баатыр экөө кирип, ызаат менен Кенесарынын эки жагынан орун алышты. Эч кимисине көңүл бөлбөй түнөргөн калыбында мелтиреп отурган ханды көрө экөө бири-бирин карай астыртан көз кырын жиберип турушту. Бир оокум өтө Норузбай: — Кене ага, кыргыздарга жиберген элчиден кабар барбы? — деди. — Элчи келди. Ормон хан кабыл албай, тыштан узаттырыптыр.
Биз элдешпейбиз,
жоолашканда эмеспиз, Кенесары өзү катылды катыгын алат, дептир. Алар түн кире чабуулга чыгат деп турамын. Жоокерлердин абалы кандай? — деди Кенесары кандай жооп болорун биле экөөнүн эч кимисин карабаган калыбында. — Кандай болсун, Кенеке, кечээтен бери суусуз кургак оокаттанымыш болуп отургандардын жоо беттөөчү тейлери жок. Атка мингизе көтөрсөк эле качышабы деп турамын. Кыргыздар элдешер бекен деп үмүттөнүп турдук эле, — деп ылдый карады Агыбай баатыр. — Качырбагыла.
Бизге ишенимдүү эр жүрөк төлөңгүттөрдү аттандырып,
жоого аркабызды көргөзбөй кармашып өлөлү, — деди Кенесары. — Кенеке, кармашууга каруу жетпейт го. Элди да бөөдө кыргынга салбай, жанды куткаралы. Курчоонун бош жеринен эптеп чыгып кетүүнүн амалын көрөлү, — деди Агыбай. — Мен кечээ айткандай иштейли. Ишенимдүү төлөңгүттөрдү алдыга салып, сизди уулдарыңыз менен ортого алып чыгып кетели. Бөөдө тукум курут болбойлу, — деди Норузбай. Түнөргөн Кенесары жооп бергенче жер дүңгүрөткөн мылтык үндөрүнө аралаш бапылдап созулган керней, сурнай үндөрү аба жарды. — Мына башталды. Аттангыла!
— деп кыйкыра тышка чыкты Кенесары хан. Ыргылжың болуп турган казак жоокерлери дүрбөлөңгө түшүп, аттарына минип, кача баштады. «Кыргыз, кыргыз, Манас, арбак, оо, Алла...» «Атаке, Талкан, Бөлөкбай. Эсенгүл, Садыр», — деген жер жаңырткан ураан менен чыгыштан ак кийимчен жоокерлердин агымы каптап келатты. Атка минген казак жоокерлери иретсиз батышты карай сүрүлө качты. Супатай, Үрүстөм, Чымыр Байзактын жоокерлери ак көйнөктөрүн кийе ирети менен майдандан чыгып кетишти. «Жоо качты, жоо качтылап» кыйкыра кыргыз жоокерлери качкан жоону сүрүп баратышты. Казактар артынан кубалап жеткен жоого алсыз айбат көрсөткөн болуп, жанын сактоо аракетинде.
«Каршылык көрсөтпөй качкандарды кубалап өлтүрбөгүлө,
кете беришсин. Курал таштагандарды топтоп, артка жибергиле. Аялдарга кол тийгизбегиле.
Кенесары, Норузбайды тирүү кармаганга аракеттенгиле» деген буйрукту аткаруу үчүн кыргыз жоокерлери качкан жоонун артынан баратты. Качкандар таң ата, сормо саздуу Мыкандын кара суусуна капталышты.
Былкылдаган сормо сазга аты менен чөгүп, өлө-тала саздан чыгууга үлгүргөндөрү агыны катуу сууга агып, кутулуу үмүттөрү бошко кетип, думуга жан таштап турушту. Сазга сорулуп бараткан аттардан улам сорула электерине көтөрүп мингизе сакчы төлөңгүттөр өз жандарын кыя Кенесары ханды сактап калуу аракетин көрүп баратышты. Саздан чыгарылган Кенесары ханды төлөңгүттөр көтөрүп атка мингизе кечмеликке салышты. Суудан чыга бүткөн боюнан кара баткак аралаш суу шорголоп турган Кенесарыны Калча, Дайырбек баштаган тынай жигиттери жээктен мылтык кесеп тосуп алышты. Мындан бир аз илгерирек дал ушундай абалда колго түшкөн Норузбай, Кудайменде баштаган ончакты киши колдору байлануу четте турушат. Кенесарыны тааныган Калча: — Хан башың менен сени зордобойлу.
Курал-жарагыңды өз эркиң менен ташта да, колуңду байлоого тос, — деди мылтык кезеген калыбында. Кенесары кыны менен канжарын жерге таштап: — Болгон куралым ушул, жигиттер. Казак, кыргыз балдарын Алаштын азаматтары дейт. Ханбашым менен өтүкчөн суу кечип, алдыңарда турамын. Каалаганыңарча алтын бердирейин,
куткаргыла Норузбай төрө экөөбүздү жигиттерибиз менен, — деп сабылып турду өмүрү бирөөдөн бир нерсени эрки менен сурап албаган Кенесары, жүлүнү түтөп турса да кайратын боюна жыйноого аракеттенип.
— Пендечилик башыңа түштүбү, канкор хан? Жан таттуу экен да. Ар кимдин жаны өзүнө ошондой. Сен мууздатып керегеге илдирген наристелердин,
тирүүлөй жүрөгүн сууруп оозуна тыккан бейкүнөө шейиттердин куну алтын менен бүтпөйт. — деди Дайырбек.
Fall into my trap :)