Суперстан: Атага кат! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Атага кат! Сагындым сизди,атаке!

#1 Пользователь офлайн   Hadyja   25 Май 2017 - 14:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 16:45

Ата,сизди келе жаткан Рамазан айы менен куттуктайм!
Сиздин берген тарбиянызга, мээриминизге аябай ыраазымын.Кудайым, сизден Мээримин аябасын.
Балачак отуп,чон жашоого аттанып,уй-булоо куткон маалда чон сыноолорго кабылдым.Коп нерсени билбееримди билдим.Ошол учурда сиздин насааттарыныз- чон жардам берди.Адашпай, Туура Жолдо бекем болууга оболго болду.
Сиз,жалгыз мага эмес,мин деген кыргыз аялзатына ата,ага,ини болдунуз.Мекенибизди сагынып,куса болуп жургондо,сабактарыныздан, бизге дуба кылып,кыргыз аялзатынан кечирим сурап,биздин даражабызды которгонунуз учун сизге рахматыбызды айткым келди.
Сиздин насааттарыныз ыйманыбыздын курчушуна,кучтуу мусулман аялзаты болгонго себеп болду.Акыретибизге, бактылуу жашообузга куйгон атакебиз,сиз, болдунуз!Омурунуз берекелуу болсун!
Атанын мээримине,жылуу созуно дайым муктаж экенибизди унутпагыла, аталар!@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Kyrgyz_bloger   26 Май 2017 - 00:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 021
  • Катталган: 12 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чындык жашаган жер.

Ошондо атан да бул жака киреби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   akyn_kg   27 Май 2017 - 00:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 12 Май 17
  • Соңку аракети: 28 Май 2017 09:05

А мен ушул Рамазан айында атамды тапкым келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kok-jar   27 Май 2017 - 01:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 656
  • Катталган: 01 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Менда атама кат жазгым келди улантсам болоор.Салам атакем менин чынында коптон бери сырдашпай калдык ошого кат жазгым келди,катымдын башында эле сизди сагынганымды жазгым келди канчалык сагынганымды элестете албайсыз! Жашоодо мага коп нерсе уйротуптурсуз сизсиз кантип ыйлабай, сагынбай жашашты уйроткон эмес экенсиз.Сизди бизди таштап кеткенден бери коп окуялар болду,сизди баары жакшы киши эле деп кайгырды,сизди узатып жатканда эжекелерим куйутко чыдабай озун жоготуп коюшту,ошондогу апакемдин кыйкырыгы кулагымда жанырат дагы деле.Сизди ошентип акыркы сапарга узаттык уйго кирип сизди издей баштадым бирок таппадым..... .Эн окунучтуусу сиз омур бою сагынып, зарыгып куткон бир туугандарыныз сизди узатканга акыркы жолу корууго жетишпеди бирок келди. Алар менен чогуу суйлошуп отурдук кечинде бирок арабызда сиздин болушунузду ушунчалык кааладым бир кем дуйно деген ушул тура,сиз болгонунузда Аябай кубанмаксыз эх армандуу кеткен атакем ай....Эжекелерим да бир аптадан сон узаттык озунун олкосуно.Эсимде сиздин:кызым менин козум тирик болсо сага кийгизбеген Ак койнокту авсынына кийгизип той кылып алышына жол койбойм,сен дуйнодогу эн сулуу Келин болосун сенин тоюн кылып анан кайнин уйлонот дегениниз. менин Ак койнок кийишимди сулуу Келин болушумду коргунуз келээрин тынбай айтат элениз бирок коргонго да жетишпей калдыныз.Кызынызга Ак койнок эмес кара аза койнок даярдап койгон экен тагдыр.Сизден кийин биз той кылдык атакем кайнимди уйлодук,ал тойго катышкым келбеди барбайм деп ыйласамда апам кызматта бол деп жиберди,Жаным атакем мага канчалык оор болгонун сиз билсениз керек эээ журогумдо кайгы мун баарынын жузундо бактылуулук жылмайып журду тойдо мени карап аянычтуу байкушту карагандай караган коз караштар андан бетер кыйнады мени...Тойдагы аягына чыкты баары жасанып кафеге кетти жалгыз мен уйдо сиздин акыркы айткан создорунузду эстеп ыйлап олтурдум апам мени жалгызсырабасын деп синдилерим жоноттууу алар мага шерик болду.Баары артта калды тойда болот анын эртеси да болот деген соз барго жашоо уланып кетти уйдогулор москвага кетишти тойдон кийин.Биз кыркыныз чыгардык.Бир канча убакыттан кийин менда москвага келдим уулдун рольун аткарам сиздерди баары жоктон камсыздайм дечуу элем эсиниздеби, азыр Ишим жакшы аллахка шугур апамдар кыйналбастыгы учун бар кучум менен аракет кылып иштеп журом,бир аз болсо да жардам берейин деп.Бугун арапа эртеден кечке сизди ойлодум сагындым бата дуа кылдым.Айткандай бугун аксакалдар келип сиздин жылдыгыныз белгилеп кетишиптир кудай буюрса баардык нерселер ыйык кунго туш болуп жатат атакем.Сиз эн ыйык куну айт куну бизди таштап кеттиниз жылдыгыныз да айтта болот экен ошондо сизге кооооп соооп алынат экен атакем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Anur   27 Май 2017 - 20:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 01 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 01:11
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Атага кат... Ушул эки ооз сөздү окуп алып, өзүм бир аз кубарып,бир аз маанайын түшүп кетти. Ичимен "Чындап эле атамды ойлоп, жакшы сөз айттым беле?" деп өзүмө суроо салдым.Ооба, бала кезимде атамдын мойнунан кучактап, колунан жетелеп алып жүрчү элем. Атам экөөбүз сарайдан айылга чейин велосипед менен келчүбүз. Атам мени ошол велосипедге өңөрүп алчу эле (ал кезде сарайда турчубуз,айылдын бир четинде). Кийин апам ооруп, кыштакка көчүп келдик. Андагы окуялар кичинекей бала болгонумдан бирин-экин эле эсимде калыптыр... Сарайда атамдын иниси жашап калды. Антсе деле атам ал жакка барып-келип, малдарды каралашып жүрдү. Жай айларында кызыл нерселерди терип, (аталышы жадыман чыгып кетти, талаада өсөт) жүз аарчыга ороп келээр эле. Канча ирет тамшанып жедим. Бах чиркин, анын таттуу даамы таңдайымда азыр да турат... Анан да сайларда өскөн сагыз чөптүн башын эртең менен үзүп коюп, кечке маал же түшкө маал сагызын үзүп келип берээр эле. Чөптүн сүтү сыртка чыгып,сагыз болуп катып кала турган.
Азыр айылга барсам баары айта берет, "Сен өтө ыйлаак болчусуң, байкуш атаң бешик терметип эле отурчу. Ал кезде апаң болсо катуу ооруп да калган..." деп. Атамдын айтуусунда мен ыйлаганда "Анур ыйлап жатат" деп, ата-энем ызы-чуу болуп, чый-пыйы чыгып кетчү экен. Көрсө, ыйлап жатып, көпкөк болуп, өңүм кубарып, үнүм чыкпай калчу тура. Күн болобу, түн болобу, айтор, кайсыл убак болбосун ата-энем мени көтөрүп алып, аркы өйүздөгү (биздин айыл эки өйүздөн турат) бир апага көтөрүп барып, дем салдырып, куран түшүртчү экен. Ошондо гана бир аз өңүмө кан жүгүрүп, эс алып калаарымды айтып калат. Атам тууралуу айта берсем сөз бүтпөйт го чиркин... Менин айыман канча азап тартты... Кийин 7 жашымда энем узак оорунун айынан бул жарыкчылык менен кош айтышты. Анда деле билбейм, баламын да. Бир кезде көзүмдү ачсам, мен жаткан бөлмөдө эмес, башка бөлмөдө жатам. Сыртта зар какшап ыйлаган үндөр угулуп турду. Жанымда жаткан мени менен жашташ аталаш тууганым Нурбекти "Тур, бирөөлөр ыйлап жатат" деп ойготтум. Экөөбүз каалаганы ачып шыкааласак, сырткы эшик ачык экен. Сыртта боз үй тигилген, бир бөлмөдө аялдар кошок кошуп ыйлап жатса,бир бөлмөдө эркектер чай ичип жатышыптыр. Анан сыртка жөнөдүм. Эшиктеги орундукта атам калың тонун кийип, көңүлү суз отуруптур. Түн бир оокум,күздүн күнү эшик суук... Атам мени бир кезде көрүп, "Уулум, келчи бери" деп өзүнчө чакырды. Адатынча чуркап барып, кичинекей колдорум менен атамдын моюнуна асылдым. Атам мага канчалык көз жашын көргөзбөйүн десе да, өзүн кармай албай "Балам, экөөбүз жалгыз калдык..." деп жаны кейип, озондоп ыйлап жатты. "Эми апам жокпу? Ал таштап кеттиби?" деген ойлор келип, эки жакты элеңдеп карап, энемди издеп баштадым. Апам жок... Боз үй тигилип, элдер өкүрүп келип жатса да, апам дүйнө салып кете бергендигин туйбаптырмын. .. 3-күн дегенде апамды жерге бердик. Бизде денени 2-3 күн кармашат. Жер жайнаган машинелер менен айыл четиндеги күмбөздөрдү көздөй бара жаттык. Апамдын каза болгондугун ошондо гана түшүндүм. Машинеге жатып алып, үнүмдү чыгарбай ыйлап бара жаттым. Бала болсом да, апамдын эми кайтып келбесин билдим. Бир кезде апамдын денесин көтөрүп, жер алдына алып кирип кетишти. Анан көрдүн оозун ныктап бекитип, топурак төгө башташты. "Апамды чыгаргыла, аны көмбөгүлө! " деп чаң салгым келди. Бирок, адамдар өлгөн соң жерге берилээрин билчүмүн. Токтоолугуман өзүмдү кармап турдум. Куран окулган соң, элдер тарай башташты. Мен кетким келбей отурдум. Бирок, байкем (атамдын иниси) колуман мыкчый жетелеп кетти. Үйгө жоон топ киши менен өкүрүп кирип келдик. Кээ бири ыйламыш болуп тек гана үнүн чыгарып жасалма өңгүрөсө, жакын туугандар чындап эле ыйлап келе жатты. Аттиң, азыр апамды эскерип калган окуялар менде өтө аз...
Кийин атам экинчи турмушун курду. Мен каршы болгон жокмун. Себеби, атамды аядым. Кудай жалгап, ал апам өз энемдей болуп азыркы кезге чейин мен үчүн жанын берчү жерден берет. Мен ага эки дүйнөдө тең ыраазымын. Аллах ага ыраазы болсун (Бул апамды башка эскерүүлөрүмдө кененирээк баяндайм).
Ишенесизби, атам мага бир да ирет катуу кыйкырып жаман айтып, кол көтөргөн жок. Менчи... Жаштык кылып, убагында көп ирет сөз кайтарып, урушуп салчу элем. Андагы атамдын абалын азыр түшүнгөндө жаным кейип кетет. Атам болгону 58ге чыкты. Анткен менен оорукчан болуп, жакшы баса албай калды.
Ата, мени кечириңиз... Убагында кылган кемчиликтеримди, каталарымды кечириңиз. Мен сизди сүйөм ата, жакында жаныңызга барам. Кечириңиз ата...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Tansuluu09   27 Май 2017 - 20:40

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 263
  • Катталган: 07 Март 16
  • Соңку аракети: 08 Сен 2025 13:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кадамжай

Anur (27 Май 2017 - 17:29) жазган:

:капамын:
ыйлаттынызго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kyrgyzstan00   27 Май 2017 - 21:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 691
  • Катталган: 19 Апрель 15
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2019 01:38

Атама кат....!!! Марттын он сегизи 2017жылы алыскы сапардан туулган айылымды коздой жонодум.Колумда бир жарым жашар кызым менен.Уйумо бардым,апам байкуш качан эле оо дуйного сапар алган.Азыр экинчи аялы менен жашайт,эже байкуш саламын айтып жакшына тосуп алды.Атам эки комнат кирди чыкты уйдо жашайт,ичкерки уйдо печканын астында тонго оронуп жатыптыр.Кирип барып учурашып,кучакташып чечинип отуруп калдым.Кокусунан эле атакем (каарылыктын белгиси????)сен кимсин?Каяктан келдин?Алдындагы кыз кимики десе?болобу. Ошол жерде жарылып ыйладым.Алда байкуш атакем ай,оз кызынды таанывай калат деген ушул беле .Коз жашымдын колдотуп тушундуруп бердим.Ааа байкуш кызым качан келдин?Неберемби деп колго алды?Апакемден эрте ажыраган жаным,атакемдин коп жашашын тилек кылып жаттым.Атакем кооп жашанызчы,сизди сагындым!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   rnurzida   27 Май 2017 - 21:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Мазмууну окшош тема. Мындай тема бар https://www.super. kg...BC&fromsearch=1

Тема жылдырылды

Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   seli   31 Май 2017 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Атага кат!

Ата жөнүндө тема болсо көзүмө кадимкидей жаш тегеренет, атам жөнүндө жазгым келет...

Ата сиз азыр алыыыстасыз. ..

Үйгө барган сайын өзүмчө ыйлап, ыйлап алам...

Эсимде, бир жолу больницага жатып калдыңыз, сизди чыгарбайт болчу... Жаткан палатаңызга урданып кирип чыгат элек...
Бир күн барсам эшикте жаай басып бара жатыпсыз, чуркап барып кучактап, кучактап алдым... Сиз да бекемиреек кучактадыңыз. ..

Ошондо билсем кана... ошол акыркы кучактаганым болушуну билгенимде кана... Ошондо акыркы жылуу жылмайган жүзүңүздү көргөнүмдү билсем кана...

Алтын ата... Сагындыыыыыыым сизди...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Сен 2025 03:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: