Бул окуя кыштын биринчи кар жааган күнү болуп өткөн. Миңдеген тамдардын бири. Короо, анын ортосунда бактылуу жашаган үй-бүлө. Ичинде канча бөлмө бар экени маанилүү эмес, анткени биздин каарман кире бериште жашайт. Ооба, азыркылар айтканда, холлдо. Аянты эң чакан, бирок эң маанилүү ролдо. Кыргыздар аны босого деп сыйлашат. Кыскасы, ошол кире бериш, холл жана босого.
Ордун тактап алдык. Ал жерде "кытайдын өлүгүндөй" болгон советтик шкаф, чоң терезе, дайыма чаңга, же баткакка буланган бут кийим тизгич жана эски палас жашачу. Бирок булар да эмес биздин каарман. Биздин каарман эң жеңил, эң кичинекей, эң таза буюм. Аны үйдүн эркеси "погодник" дейт. Бирок чын аты термометр.
- Апа, карасаң, бүгүн погодниктин сызыгы көп экен...
- Кандай дейсиң? Погодник?
- Ии, погодник! Погоданы айтат да, теЛвизордогу кызга окшоп...
- Ошондойбу, тапкычтыгыңан сенин, жөжөм менин,- деп сүйлөшүп жатышканын угуп калган биздин термометр .
Погодниктин үйдөгү эң жакын досу ушул кара жөжө болчу. Анан сары кыз. Ал дайыма келип, чаңын аарчып жатып "бүгүн кар жаайбы?" деп сурагандан тажачу эмес, бул жазбы, жайбы, же күзбү, баары бир эле...
Погодник карды деле билчү эмес, бирок терезеден көрүнчү, апакай болуп... Тамшана кызыгып койчу, бирок ордунан жыла албасын түшүнчү.
- Эртең кар жаайт дешти,- деп кетти сары кыз Погодникке сүйүнчүлөп. Погодник кудуңдап кубанып алды.
Түндөн оогондо капкара түндө жаркыраган жылдыздар куюулуп жаткандай болду. Чынында бул кар эле.
- Кар, ак кар, аппак кар жаай баштады,- деди Погодник , - Көп жаа, аппак болуп жамынсын баары, эртең сары кыз кубанат.
Көп өтпөй, эшик ачылды. Сары кыз чыкты. Көздөрүндө чексиз курсанттык.
Погодник кыздын эшиктен эшикке карай зымырыктай учуп чыкканын гана көрүүгө жетишти, анан бир сааттай терезеден карап отурду.
- Ууух, эмне болуп кетти? Эмнеге ысып кеттим? - деп Погодник түшүнөн чочугандай боло кетти.
Ылдый караса, кара жөжө турат, кайнаган суу куюлган стаканы менен...
- Сызыгыңды көтөр дейм, апам тамагың ооруйт деп сыртка чыгарбай жатат, карачы эшикте кар жаап, мен ойногум келет,- деп сүйлөнүп жатты .
Аңгыча "пырс" деген үн чыкты. Муздакта турган Погодник ысыкка чыдабай сынып кетти.
Өлүп баратты, жайылып баратты, бул аралыкта кожойке көрүндү, бирок Погодникти карап да койгон жок. Тилдеген бойдон үйгө кара жөжөнү ээрчип кирип кетти.
Кыска уйку, балким эс жоготуу. Сары кыз шыпыргы менен Погодникти топтоп жатты. Калакка салынган Погодник сыртка чыгып, таштандыга төгүлдү. Бирок...
- Аа... Кар деген ушундай керемет болот турбайбы . Рахмат, кара жөжө. Рахмат, сары кыз,- деген Погодник тынымсыз жааган ак кардын астында көмүлүп жатты...
P.S. Окуучулук дептерден... бүгүнкү 1-декабрга, менин сезонумдун башталышына арналат...
