Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#21 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   30 Май 2014 - 16:26

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

<div>БИЗДИН ТОЙ</div>
Жигитим экообуз бир жылдан бери Москвада, алыскы ботон шаарда суйлошуп журчубуз. Бир квартирада турчубуз. Бир куну жумуштан келсем, босогодон эле тосуп, козумо жоолук байлап, аркы уйго алып кирди.- Эмне болду, эмнеге козумду тандын?- Сага сюрпризим бар.- Кандай сюрпириз?- Мына азыр коросун. Козумду чечкенде, оз козумо ишене албай турдум. Килемдин бетинде роза гулдор жайнап, чакан эки адамдык столдо, шампан, таттуу тамак, шириндиктер, жана эки шам куйуп турат. Бир кезде эле, тизесин бугуп отура калып, чонтогунон бир кутучаны алып чыкты. Ичинде алтын шакек. - Менин туболуктуу жарым болууга макулсунбу? Эмне дээримди билбей, апкаарып турдум. Козумдон салаа-салаа жаштар агып, же ыйлашымды же кубанышымды билбей турдум.- " Ооба, жарыгым. Мен сенин жубайын болууга макулмун " - дедим.Колума шакекти салып, так которо айлантты. Ал куну биз озгочо бактылуу элек. Бирок, тойду, никени айылда, ата-энелердин алыданан отуп, анан баш кошобуз деп чечкенбиз. Бир куну жумушка барам деп, эрте менен туруп жоноп жатсам:- Бугун жумушка барбайын, мен шефинден суранып койгом. Азыр экообуз салонго барабыз.- Кандайча барбайм? Эмнеге сурандын? Кайдагы салон?- Ушундайле чач жасаган салон. Анткени, бугун биздин той.- Ия? Кайдагы той? Тамашанды койчу деп, ишене албай турдум.- Бол эми, батырак баралы деп, колуман суйрогончо алып кетти. Жолдо баратам бир суйлонуп, бир жылмайып. Негизи эле, " чарт " - деп, кайра " жарк " - деп ачылган мунозум бар. Сулуулук салонду да айтып койгон экен, дароо эле отургузуп, чачымды жасай башташты. Жигитим азыр келем деп, чыгып кеткен. Чачымды мен каалагандай жасап беришти, бирок Москвада кымбат жасайт, эми копко тушпосо экен деп, ичимден ойлонуп отурам. Анан бир боломого алып кирип, толтура ак койноктун арасынан каалаганынды танда деп, жылуу суйлоду орус аял. Биринен-бири отуп баары кооз. Козум ойноп, бироосуно токтоло алсамчы..Акыры тандап отуруп, бироосун кийдим. Орус аял: " бизди соонун калксынар. Каалаган куну той кылып, кокустук менен эле турмуш куруп жашай бересинер. А биз орустарда той маселеси ото татаал. Той дегенде 2-3 ай мурда даярдык коробуз, айрыкча аял заты ынжык келебиз " - дейт. Ангыча эле жигитим кычыраган кастюм-шым кийип, колунда бир кучак гул менен кирип келди. Кызыгы, алыс жер болсо да, башында ак калпагы бар эле. Анан колуна да ак жоолук.- Бул жоолукту эмнеге алдын?- Сага алдым. Муну башына салынып, мечитке нике окуткангы киргенде саласын деди. " Аа " - деген бойдон, оозум ачылып кала бердим. Жетелишип салондон чыктык, жасалгаланган люмизин жок. Ал да кымбат тураарын билимп, жигитимдин маанайын тушурбойун деп, сыр бербей:- " Кудайым берген эки бутубуз бар. Загска оз бутубуз менен чыгабыз " - дедим. Ал мени таарынат деп ойлогон окшойт, дароо эле жузуно кулку кирип, мандайымдан чоп эттире обуп:- Акылдуум менин. Ошон учун да сени суйом, сенин эсин коп, баарын тушуносун деди.Негизи эле жигитим копчулук алдында бетимен же оозуман оппойт. Бул да болсо анын ыймандуулугу деп билем. Ар дайым пешенемден акырын гана ооп, башымды сылап койчу. Бул мунозу мага да аябай жакчу. Жумушка баратып, ал уктап жатса деле, ойготуп, мандайымдан ооп койчу деп, оптуруп анан ишке кетчумун. Экообуз жетелешип, метрого туштук. Элдин баары бизди карайт. Байкуштар машинеде эле кетсе болмок деген да чыгышаар. Бирок бизди алардын созу да, коз караштары да кызыктырган жок. Вагонго кирсек баары бизди карап, кээ бироосу куттуктап да жатышты. Дароо орун бошотуп беришти. Ошентип, мечитке да келдик. Ак жоолукту башыма салып кирип, туура эле имамга бардык. Ал бизден куболорду сурады. Жок десек, мечиттен эки кишини кубо кылып берди. Нике кыйып жатып, имам жолдошумдан, " аялына уйлонгондон кийин эмне белек кыласын? " - деп сурады?- Шакек.- Шакек созсуз белекке беирлет, тойго чейин. Андан башкачы десе, мени карап:- " Эмне алып берейин " - дейт.Коптон бери алам деп жургон сойко эсиме келип, акырын " сойко " дедим.- " Имам, айткан убаданды аткаруун керек, анткени сен мага убада кылдын " - десе, мен да жон отурбай, " уктунбу, алып бересин эми " - дегенсип, акырын туртуп койом. Нике кыйылып, экообуз эрди-катын болуп, кочого чыктык.- Эми каяка десем: Ресторанга дейт. Кооз ресторанга кирип, таматканып жатсак, жаныбызда олтурган орус коноктор: - " Вы молодожены? У вас сегодоня свадьба?" - деп сурашты. Жолодошум тамашакой адам да. Ал да ооба деп эле, тим болбой:- " Да, мы сегодня поженились. Мы со свадьбы сбежали. Чтобы наедине быть " - деп салды. Алар да " ну правильно сделали " деп, куттуктап койушту. Андан чыгып, Кремльге бардык. Жолдошум фотоаппаратын алып алган болчу. Кийин неберелерибизге, биз Кремльде той бергенбиз деп айтабыз да деп, улам- улам откондорду токтотуп, бизди суротко тартып койчу деп, суротко тушуп жаттык. Сейил бакка келип отуруп, эн башкы маселени чечиш керек экендигин эстедик. Ал, ата-энелерибизге чалып, уйлонгонубузду айтуу эле. Экообуз тен коркуп турсак да, телефондорубузду колубузга алып, ал озунун ата-энесине, мен озумдукулорго чалдым. - Алло? Апа, кандайсыздар? Жакшы журосуздорбу? Бугун биз уйлондук, загска чыктык дегенимди билем, андан ары апам суйлонуп да, ыйлап да жатты.Жолдошумду тыншасам, ал да актанып жатат. - Ой соо элебиз апа, анын боюнда жок. Али эрте, бутубузга туралы, анан балалуу болобуз. Жон эле эрте уйлондук, туура кабыл алгыла. Эртеге суротторду интернеттен корунуздор. .Байкуш ата-эне да, канчалык урушса да, балдарына бак тилеп, акыры макул болушуп, ак баталарын беришти. Эми бул жактан биз озубузчо кичине тойчук откоруп койобуз дешти. " Охх " - деп экообуз чон жукту желкеден тушургондой, шылкыйып бир-бирибзиге башыбызды жолоп, отуруп калдык.- " Эми кайда " - деп сурадым.- Уйубузго.Жетелешип уйубузго келдик. Жашоодо биринчи жолу эрди-катын болуп уйубузго кирдик. Колуна так которуп алып кирди. Арадан айлар отуп, боюмда болду. Эн кызыгы, кен Москвада айылдагы кесекке талгак болдум. Кесек жегим келип жатат десем, куйоом аптекадан таблеткасын апкелип берди. Бирок, окшободу. Кундо айтып тажаттым окшойт, акыры чыдабай эшиктеги кумдан ылай кылып, аны кургатып берди.- " Ме, ушуну жеп, тынчычы " - дейт.- Жоок, бул кесек эмес да, анан биздин айылдагы кесекте саманы болот.- " Эми сага саманды кайдан табам " - деп, байкуш куйоом башын мыкчыйт.Бир жерде озбектер тандыр куруп, самса бышырат экен. Ошол жерден тандырдын бир кесигин алып келип:- Муну жеп корчу деди. Бир аз окшоду окшойт, жакты. Куйоом да суйунуп, бир балээден кутулганына кубанып отуруп калды. Андан бери арадан беш жыл отту. Мекенибизге келип, очор-бачар жайланып, жашап калдык. Бир уул, бир кызыбыз бар. Зангыраган тойум болбоду, досторум, эл-журт корбоду деп арман кылбайм. Окунгонум бир гана, ата-энелерибиз тойубузда жаныбызда болбогону.. Бирок, элдер люмизин, хамерде загска чыкты деп да, эч качан окунбойм. Анткени, биз чыккан машине, люмизинден узун, хамерден тез кеткен Метро вагону экенине суйуном. Андай машинеде эч ким чыга элек. Башкысы акча чачып, элге коз-коз кылуу эмес. Бактылуу жашап кеттуу. Дунгуротуп той берип, эки айдан кийин ажырашып кеткендерди деле коруп журом. Жолдошума рахмат. Мени бактылуу кылып, жашоомо жарык бергени учун. Ал балдарымдын эн мээримдуу атасы. Мына ушундай окурман. Биздин кокустан кутуусуз болгон тойубуз, бактылуу жашоо менен отуп жатат. Кай жакта, кантип турмуш курсанар да, бакшысы бактылуу бололу!Автор, Уулкан АМИРАЕВА

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 03 Июнь 2014 - 14:23

Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   30 Май 2014 - 17:14

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Просмотр сообщения Uulkan2288 (30 Май 2014 - 16:59) жазган:

Барпынын кызы, чооң рахмат жарыялап бергениңе. Сүрөт

Ырларын,котормолорун, жазган чыгармаларын баары сонун да досум! Мага окшогон куйорман окурмандарын кооп болсун дейм да!!! (Суперстанга анча тушунбойм да деп шылтоо айтпай ушул жерге жуктой бер озун деле саксаш СүрөтСүрөт)



Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   barpynynkyzy   31 Май 2014 - 02:12

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 466
  • Катталган: 13 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 21 Окт 2024 01:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва.

Бул чыгарма, жон гана чыгарма)) автордун жашоосуна тиешеси жок))
Бегимкыз Уулкандан мен да суранып отком, чыгармаларын жарыялап туруусун. Китеби бар, алып коем сурап)) жолукканда берем сага!!!
Барпылыктар рулит))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Jadyrashka   01 Июнь 2014 - 13:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 124
  • Катталган: 08 Апрель 14
  • Соңку аракети: 08 Июн 2025 19:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:New York

АК РОЗАЛАР
"Асманым мен сага толтура ак
розаларды даярдап койдум,так
эле сен жактырган розалар
жыттары да тим эле буркурай.
Коргун келип жататбы анда
эрте мененки саат 7:00ду кут))"
мына ушул кат телефонума
келип тушоору менен журогум
бир башкача согуп кубанганын
билдирип алды, боз тартып
калган жузумо бир башкача
жылмаюу келип, аны менен
катар эле башым "зынылдап"
чыдатпай ооруп чыкты,
башымды мыкчып эле
чачтарымды эстедим эки жарым
ай мурун чачтарым кандай
сонун эле мага алар аябай
жакчу эми мынтип бир талы да
калбай таз болуп
калдым,коздорумчу алар
жалтырап узун кирпиктери
жарашып озгочо кооз эмес
беле,эмичи эми? Бозоруп
кеткен жузумо жарашпай
да,корумсуз да болуп калды ...
Башымдын ооруганы журогумо
жетип жаны эле кубанып
турган журогум мунайым тарта
тушту. Дем алуум да
кыйындап,козум карангылап,
колу-бутум титиреп мен кайра
алсыздана туштум... Жаткан
ордумдан аран которулуп стол
устунон дары идишимди издеп
баштадым, идишти тапканым
менен ичинде даарым бир
даана да калбаптыр "бул
эмнеси,мен дарыны ар эки
саатта бир ичишим керек да,
саат 3:25,7ге чейин
кантем,ооруга кантип чыдайм?"
мына ушул суроолорго жооп
таба албай турдум.
"Апа" дедим аран чыккан ун
менен,бирок кайра апамды да
аяп кеттим, апам байкуш
менден кем азап тарткан
жок,мен кандай азаптансам
апам андан эки эсе коп азап
тартты,мен бир кун кыйналсам
апам байкуш 100 жылдын
азабын тарткандай эле болду
го, мен ушул оору менен
алышып жургон эки жарым
айдын ичинде апам байкуш 10
жылга картайа тушту,капкара
кундуз чачтарын ак аралап,тун
бою ыйлап эртеси мага калп
эле жылмайып суйлогонун
сезип, туюп апамды аяп кетем.
Иним Айдарчы байкуш атам оо
дуйно салганда Айдар аябай
кичине эле ошентсе да
быйтыйган колу менен мени
кучактап боздоп ыйлаганы
дале эсимде ошондо чонойсом
Айдарды окутам,карайм, жолок
болом деп ойлочумун эми
мынтип Айдар мага жолок
болуп отурбайбы. Жыгылып
калсам которуп келип,тамак-
ашымды даярдап караган
Айдар да.
..
Саат 6:00ду тиреп турат а менин
оорум кучогондон кучоп бара
жатат,эми бутум да шилтоого
келбей,адатта кынынан чыгып
кетчуудой соккон журогум
мына-мына токтоп калчуудай
аран дукукулдойт. Саат 7ге да
бир саат калды...
Бир эле саат. Адатта оной эле
отчуу бул бир саат эми мынтип
ар бир чыкылдаганы
журогумду тилип турат. Мен
ушул ак розаларды 3 жыл
кутподум беле эми мынтип
жолугушууга бир саат калгнда
босогодо ажал кутуп туруп
алганы кандай... Ооба,ооба дал
эле босогодо тургандай менин
оорум кучогон сайын ал мага
жакындоодо. ..
Апа кечирчи мени,мен сизге коп
туйшук алып келдим,ак сутунду
актай албадым,сен сыймыктана
турган кыз боло албадым...
Айдар жакшы бала болчу,эч
качан ооруба,апамды жакшы
кара...
Менин розаларым,менин ак
розаларым мен ушул кыштын
ызгаар суугунда гулдоп турган
розаларды коргум
келген,аларды Абай мен учун
остурбоду беле. Ал ар дайым
"бул гулдор сага окшош" деп
айтчу,жок окшош эмес экен
анткени алар бур ачканда мен
соолуп баратпаймынбы. ..
Жооп жазуу Тү

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 03 Июнь 2014 - 14:28

Внешность - это козырь , но не туз…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Feijipiao   01 Июнь 2014 - 15:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Үйлөнүү үлпөтүндөгү кызганыч

Жасалгаланган апапак Лимузин, аны коштогон, күмүш түстүү жалаң Мерседес үлгүсүндөгү машинелер Бакыт үйүнө келип токтоп, баарыбыз шайыр-шатман дуулдап кирип бараттык.Балким, баарыбыз деген сөз жөн гана айтылып жаткандыр.Анткени менин жүрөгүмдөгү ыза,буулуккан сезим толуп-ташып, бутума кийген бийик такамды жерге ныгыра басып гана өзүмдү алаксытып жаткандай элем. -Урматтуу үйлөнүү үлпөтүнүн катышуучулары! Бүгүн Бактыбек менен Бакжанаттын түбөлүккө кол кармашып... деген сөздөр башталганда эле менин жан дүйнөм ого бетер албууттанып, толкуган деңиздей улам бир жээкке урунуп,жан далбаска түшүп, тизелерим калтаарып, эки бетим кыпкызыл болуп дуулдап, айлана-чөйрөмдөгүлөрдү тике багып карай албай кыйналганымды, азап тартканымды айт.Жаңылган бир сөзүм, ойлонбой ташталган бир кадамым үчүн мындай азапты, мындай ызаны көрөм деп ойлобосом керек. Айланамдагылар баары кыраан каткы, шайыр күлкүлөрүн жаңыртышып, бакыт каалап жатышты.Шампан куюлган колумдагы бокал “шарак” этип жерге түшүп, бырын-чырыны чыккан мезгилде бир селт эттип алдым.Шаракташташкан кыз-жигиттер, аны деле эрөөн-терөөн албай,кайра кубаттап: “Бакыт үчүн! ” “Бакыт үчүн!” деп теребелди жаңыртып кыйкырып жатышты. Ал сөз ого бетер менин жүрөгүмдү сыздатып,башым каңгырап ооруп турса да, намысымдан эринимди бекем кысып,кайра эле бар күчүмдү туфлийимдин такасынан чыгарып тыкылдатып басып, жер ныгырган бойдой, сыртка чыга бердим. Сырттагы ызгаарды айт, жаз болсо да эмне мынча күн суук.Бүткүл денем титирей түшкөн менен,эки бетим оттой ысып, коштогон эл менен кошо машинеге олтуруп, кайра үйлөнүү үлпөтү өтүүчү чоң кенен, жарык шаардагы престиждүү ресторанга келдик. Эл да жык-жыйма экен, көзүмө эчтеке көрүнгөн жок, сенин гана каректериң улам мага чагылышып, менин жан-дүйнөмдү эс-мас кылып жибере жаздап жатты... Эгер ушул жерде ушунча эл болбосо эмне кылат элем билбейм, жер муштап ыйламак белем, же аалам жарып кыйкырып алмак белем, айтор аны айталбайм... Менин мындан аркы тагдырым да табышмак эле.Эми кантип жашайм, мен үчүн ушунчалык супсак жашоо болобу?! Эмнеге ушул кезге дейре ааламдын, жашоонун мынчалык карөзгөй, кунарсыз экенин сезбедим экен?Кайрадан арзуу тилектер, ата-энелердин ак батасы, жоро-жолдоштордун каалоолору, тамашалары булар мен үчүн ушунчалык маанисиз, анан да түш көрүп жаткандай, болгону кыймыл-аракеттей гана көрүнүп туруп алды.Кудай ай, эмне болуп жатам, жок дегенде... Кайрадан ортодо улам бир нерсени ойлой таба коюп, элди алаксытып жаткан тамада да ушул саам көзүмө маймылдай көрүнүп, ал да тойду батыраак бүтсө экен дегеним менен, дегеле ал кургурдун да шашкан түрү жок.Ай кудай ай, мунун өзү үйү барбы?!- дейм ичимден.Ансайын каалоо-тилек айтылып, дасторконго коюлган түрдүү даамдарга элдер кол узатып, ушул көз ирмем тойго келген элдин баары өзгөчө бактылуудай, буга чейин да мындан кийин да эч бир түйшүгү жоктой баары алпейим мүнөз менен жадырап-жайнашканын карачы.Бир да кабагын чытыган киши жок.Баары шаңдуу. Кайрадан эле калоо-тилек, “Бакыт үчүн!” “Куш бооңор бек болсун!” “Түбөлүк кармашкан колуңар үзүлбөсүн! ””Кана, ошол үчүн, акырын алып ийгиле!”деген тамаданын сөзү эми мээмди тепчип чыкты.Көзүмө стол үстүндөгү жанатан бери үстү-үстүнө көңүл тамчы деп, куя беришип арагы жык толуп,мелмилдеген рюмка түштү.Буга чейин бир да жолу оозума ичкиликти алып көрбөгөн жан болсом да, эмнегедир аракты алып ийгим келип кетти.Айланамдагылар “кана-кана” деп жатышканда, мен да колума рюмканы кармадым да, колума бекем кыскан бойдон көтөрүп жибердим.Эртеден бери бир да наар албаган жаным, ичим дуулдай эле түштү.Канча убакыт же көз ирмем өттү билбейм, менин ууртума жылмаюу аралады, тегерек-четимдегилерди да унута түшкөнсүдүм. -Аа иий, мына, мына ушинтип олтурсаң ай, тимеле жүрөктү кысып ийдиң го?!-деген кызга окшоп чыйылдап сүйлөгөн Илияздын үнү эмнегедир, жүзүмдөгү жылмаюуну бир заматта жоюп, кайрадан кабагым чытыла түштү.Кайрадан ичкилик куюлду.Аны да көтөрүп алып ийдим.Эми менин башым эңги-деңги болуп кетти.Ушул учурда “Эки жаш ылайым, бактылуу болсун, кийинки жылы ушул мезгилде бешик тойго келели,-оомийин! ”-деген ата-энелердин сөзү кулагыма жаңырыктап угулду.Ошондо көзүм акмак-чакмак болуп турган мен,”Жо-ок, баары жалган, мен сени сүйөм!”деп добушумдун барынча чаңырып, тамаданын үнүнөн да үнүм ашып-ташып, залды жаңырта кыйкырдым. Ошол саам, апапак көйнөгүн көйкөлтө чубалжытып, көздөрү эликтей моймолжуп, бакыттан бүткүл турпаты балкып, мелмилдеген көлдүн үстүндө басып бараткан ак куудай менин курбумду жетелей, ак калпагын койкойтуп, узун бойлуу турпатыңа кийген кастюм-шымың , төш чөнтөгүңдөгү кичинекей апакай гүл куп жарашып, ак жуумал жүзүң албырып, үн чыккан жакка кыйшая бир карап,кайра көзүң жерди тиктей, сен бараттың, жаным.!! !...

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 01 Июнь 2014 - 16:07

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Feijipiao   02 Июнь 2014 - 12:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ангеме Ясунари Кабавата, которгон Айнагүл Базарбаева

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 02 Июнь 2014 - 12:43

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Peristem-koo   03 Июнь 2014 - 13:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 87
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 06 Авг 2015 11:43

СЕН БАСЫП КАЛТЫРГАН ИЗДЕР
Анда кыш мезгили эле, сыртта абдан суук, бороон согуп кар бетке согот.. А мен сенин артында козумду жуумп алып курткандын этегинен кармап алып кетип бараткан элем.. Канча жол бастык билбейм акыры маршрутка тосуп кайдадыр бир жака алып жоноду -кайда барабыз десем
-апакеме деп гана жылмайып койду колуман кармап.. Мен абдан толкунданып коркуп да турдум калчылдап да чыктым.. Маршруткадан туштук да унчукпастан мени жетелеп уйуно бараттык .. Улам-улам жакындаган сайын журогум дукулдоп эч нерсе деп ундобой суйуктуумдун жетелоосундо гана бара жаттым.. Коп ойлор мени курчап жатты ”балким жакпай калсамчы?” эмне болот анда деп ойлонуп бараттым.. Эшигине да келдик, ары жактан жылмайып эшикти бир апа ачты жузуно мээрим толо бизди карап жузумон ооп уйго чакырды.. Мен сурдоп эки бетим кызарып кетти.. Бат эле тил табышып кеттик ал апа экообуз, ичимден жаратканыма ыраазы болуп жаттым ушундай апам жана суйууктуум барына..
Кийин келин болуп барганда мага коп нерсени билгизип уйротту.. Азыр болсо апакем неберелеринин курчоосунда, алардын бал тилине ырахаттанып отурган кези..
(Ария Тенгизова)

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 03 Июнь 2014 - 14:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Gupa   03 Июнь 2014 - 14:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Кыскача чыгармалар, аңгеме, эссе деген сыяктууларды бир темага жазалы, антпесе "балалап" кетиптир бөлүмүбүз... Авторун, аталышын кошуп туруп ушул жакка жазабыз. А сын-пикирди адаттагыдай эле атайын темага жазалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Topcubai   03 Июнь 2014 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

чыгармалар жакшы вйрыкча биздин той дегени аябай жакты.Калеминер курчуй берсин
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Feijipiao   09 Июнь 2014 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Олжобай Шакир
(Аңгеме )

Баятан кайра-кайра сыртка чыккан Тамырланга иттин эмнеге үрүп атканы белгисиз эле. Минтип жөнү жок ажылдаган итин тилдеп-тилдеп кирип кетип, көчүгү жаңыдан жер жыттаганда кайрадан башталдыле, эми үйдөгү меймандардан ыңгайсызданган Тамырландын келинчеги конок үйдөн жылып чыгып кеткен себеби: терезе тушундагы иттин ажылдаганына кулагы чыдабаган меймандардын арасынан «итиңерди бүгүнчө бошотуп деле койбойсуңарбы» деген өтүнүч болгон. Бирок бул кепти укса да укмаксан болуп, сыртка чыгып итти тилдеп койгондон башкага жарабаган күйөөсүнүн кежирлиги үчүн айда-жылда бир келген төркүндөрүнөн уялып отурган Айшерик сыртка чыкты да, итти чынжырдан бошотуп жиберди. Күйөөбаласынын эмнеге итти бошотконго кыйыктанып атканын астыртан сезген кексе чал:

– Э балам, башка ит минтип үрсө да тайгандын үргөнүн көргөн эмесмин… Бу сеники тайган эмес. Тайган деген иттин мырзасы да. Минтип кандек же короо кайтарган ит гана үрөт – дээр замат, сөзгө Кандос да аралашты:

– Жездемдин тайганы ууга да жарай берет, короочулукка да жарай берет, ата. Туурабы, жезде? Меники өзгөчө тайган деп койбойсузбу, – дегенине үйдөгүлөр күлүп калышты.

– Жездемдики үргөнгө да үйрөтүлгөн тайган – деп кошумчалап койду, үй ичиндегилердин күлкүсүнөн улам тили кычыша түшкөн Кандос.

Ангыча көңүлү жайдары кирип келген Айшерик:

– Үнү басыла турсун деп, итиңди бошотуп жибердим – дегенин укканда кайната, кайненесинин көзүнчө зиркилдеген Тамырлан ордунан обдула калганда Айшерик төркүндөрүнүн көзүнчө кер-мур айтышпас үчүн сыртты карай зып койду. Күйөө баласынын кызуу кандуулугун туйган Дөкөн аксакал Тамырландын ачуусун жайгарыш үчүн – Кел балам, мынабул дасторконго бата кыла туруп, сыртка басып, буттарды эсалдыралы, – дегенине отургандар козголуп калды.

Меймандар сыртка чыгары менен иттин ажылдаганы эми баккоруктан угулду. Дөкөн аксакал чакчасын кагып, оозуна насыбайдан уруп, Кандосту чакырды:

– Көзүң курч эмеспи, карачы… Тетигинде жаргылчактай таш кыймылдайт, ит ошого үрүп атканбы…Жакын барсаң.

– Оп-еей, чын эле бүлкүлдөп жылып атат – дешип, үйдөн чыккандын баары Кандос менен баккорукка жөнөдү.

– Ташбака-аа, ташбака экен! – Ташбаканы ишенип ишенбей кармалай башташты.

– Тобо-оо… ташбака дегенди биринчи көрүшүм.

– Бизде да ташбака барбы? Булар жылуу жактарда болчуле го?..

– Биздин Чүйдө чоң эмес ташбакалар болчу эле, бизге мындай чоңу кайдан келген? – дешип, бул шумдук азыр эле асмандан топ этип жерге түшкөндөй таңыркашты. Ал эмес ташбаканын чопкутун таш менен койгулап, сынаар-сынбасын да текшеришти. Денесин жыйырып, чопкутуна кирип алган ташбаканын жонунан бир да жарака кетпегенин көргөн соң, топурагандын баары таңдайларын шыкылдатып тим болду. Артында Дөкөн аксакал ташбаканы көтөнгө бир тээп көрдү да – Опе-ей тоотпогон неме го, – деп, башын чайкады. Өмүрүндө биринчи көрүп атса керек, бут алдындагы тарбалаңдаган жаныбарды эми чалкасынан оодарып, шуудураган алакандары менен боорун сыйпалады.


– Булардын жону эле эмес, боору да таш турбайбы… Эми ушул канча өмүрдү жашадыкен, чиркин?

– Менимче, сиздин жашыңыздан да ашык жашады болуш керек. Сиз айткандай, көрдүңүзбү, жону эле эмес, боору да таш үчүн узакка жашашат» – деди, атасынын курчоосунан алыс чыгып көрбөсө да, бирок колуна тийгенди окуп-чокуй берчү жер чечегин безеген Кандос.

– Урду-сокту айта бергениңди койчу – деп кайнисинин айтканына Тамырлан кошулгусу келбедиле, Кандос эми ташбака жөнүндө гезиттен окугандарын айтып кирди:

– Эй жезде, ташбаканын эти аябагандай пайдалуу.

– Гезиттер жаза беришпейби.

– Жаза беришпей эле. Атайы дарыгердин кеңешин окугам.

– Эмне деп жазыптыр? – Дөкөн аксакал Кандостун айтканына кулагын түрүп калды.

– Биринчиден, өмүрдү жашартат экен. Экинчиден, тула бойдогу суукту айдап чыгып, ичегинин сезгенген ооруларын айыктырат. Анан да геморрой оорусун айыктырганга миңдин бири дейт. – Муну уккан Дөкөн аксакал ордунан тура калды.

– Бу ташбаканын эти арамбы же адалбы?

Күтүүсүз суроого Кандос бир аз буйдала калды да, жооп таап кетти:

– Дарычылык үчүн арам менен адал ылганбайт.

– Муну ким айттеле? – жездеси дагы бурк этти.

– Азыр кыргыздар иттин этин деле жеп атпайбы. Ит эмес, биттин этин медицинада колдонушат. Сиз эмне, суур, кашкулактын эти адал дейсизби? Аны сиз баягы чоң кара дөбөтүңүз тиштеп келгенде, кууртуп жебедиңиз беле Суусамырдан, билесизби? Билбей калат… Баягы суурдун этичи…

– Андан сен да жебедиң беле…

– Жегем… Эмнеси бар экен? Бул деле ошо… Мусулманбыз деген менен чочконун этин жеп деле үйрөнбөдүкпү, – деп жездесин бир заматта унчукпас кылды.

Дөкөн аксакал муну угары менен сакалын уучтап, ойлонуп калды. Уулу айткан жанагы өмүрдү жашартат, тула бойдогу суукту айдап чыгып, ичегинин сезгенген ооруларын айыктырса… Анан да геморрой оорусуна шыпаалыгын угуп отурса – ойлонуп отуруштун кереги жок го. Єзү дал ушул дарттардын залалын канча тартты. Бир саам ушуну ойлонду да:

– Кандос, көтөр муну – деп, ташбакага кол жаңсады.

– Андай дартка шыпаа болор касиети болсо, бизге муну кудай-таала өзү жиберген экен.

Араң турган Кандос ташбаканы шап эле кармады. Кармаганда да уча турган кушту кармагандай чапчаң кыймылдады. Кызыкты эми көрүп ал. Ташбаканын этин дарылык касиет үчүн колдонушту ниет кыларын кылып алышып, бирок аны кантип адалдаштын айласын издегендери анык машакат болду. «Мал мууздагандай мууздаса болобу?» дешип биринен-бири акыл сурайт. Жооп жок. «Деги бул чөлкөмдө билген киши барбы?» деген Дөкөн аксакал динкеси сууганда көчүгүн жерге быктырды. Тургандар сакалын сылаган карынын оозунан бирдеңке күтєт. Дөкөн аксакал үнсүз. Бир убакта «мууздаса мууздай бергиле, кудай өзү кечирсин» – дедиле, шымалган уулу жалаңдаган бычакты ташбаканын кокосуна такады. Ангыча ташбаканын моюну култ этип кирип кетпеспи. Ошоменен чопкуттан чыккыс болду. Алеңгир экөө ташбаканын жыйрылган моюнун сууруп чыгалбай, бечаралардан каратер кетти. Эбин табалбай аргалары кеткен соң, ташбака өз мойнун өзү чыгарганга чейин күтүштү. Ага да болбоду. Акыры экөө тең жадады бейм, чопкутка манжаларын тыгып атып, ташбаканын ичегидей чоюлган моюнун сууруп чыгышкан. Экөө ыкчам эле кыймылдап аткандай болгон, бирок култ эткен моюн колдорунан дагы чыгып кетти. Жаныбар басыгынан гана кашаң болбосо, эңгезердей экөөнү суй жыгылтып коё сактады го. Бир убакта экөөнүн олдоксон кыймылын карап отурган Дөкөн аксакалдын сабыры түгөдүбү, ордунан турду да, басып кетти. Бир аз узаары менен Кандостун «ата, буга эми бата тилеп мууздайлыбы? » дегенин укканда, каны кайнады:


– Эк… атаңдын оозун урайындын баласы, ошону да менден сурайсыңбы? ! – деп тетири басты. Ангыча Тамырлан Кандосту тилдей баштады. Колунда бычак кармап жүргөн кыялы чатак күйөөбаласынын ачууланып турганын туюп, алыс узагысы келген жок. Ангычале Кандостун кокуйлаган үнү чыгып калбаспы, чочуган чал артына шарт бурулса, Кандостун колдору кызыл-жаян. Кургур чалдын жаман ою күйөбаласына кетти… «Бирдеңке кылып ийдиби?..» деди эле, жок андай эмес экен.

– Ох-уу… тиштеп алды! Жезде, кана бычагыңыз?.. Тезирек мууздап жибериңиз!

– Коё бербей… Бираз чыда. Эп биссимилдай- рахум – дегенин угар замат, ташбаканын үнү кырылдап-шырылдай баштады. Көп өтпөй, мына эми өмүрүндө жылкы, уй, кой мууздалып атканда укпаган үндөн Дөкөн аксакалдын дене-бою титиреп кетти. Ташбака дегениң адам онтогондой онтойт экен, тобо. Кудум тээ 41-жылдагы өзү катышкан кандуу согуштагыдай, окоптогу өлүм алдындагы адамдын онтогону угулду. Мындай онтогон үн адамдан башка да ташбакада болорун өз кулагы менен угуп, бир аз мурдараак чопкутуна денесин жыйрыган ташбакадай, өз денеси жыйрыла түшкөнүн сезди. Үйдөн обочо узап кетсе да жаны чыкпай онтогон ташбаканын үнү, көрүнө жакын калган чалдын заманын кууруп жиберди. Ташбаканын этин чопкутунан чыгарыш үчүн барскан менен жонго жонго күрсүлдөтүп койгулаган күйөөбаласы азыр анын көзүнө каничкичтей көрүндү. Чөнтөгүндөгү насыбайдын чакчасын кайда салганын таппай атып, адат-үрпкө ылайык келбес өзү катышкан ишке каргыш айтып, күңкүлдөп ары-бери басып жүргөн чалдын кулагына бир убакта кызы Айшериктин үнү жаңырды:

– Ата, кайда жүрөсүз?.. Үйгө киргиле, тамак даяр.

Дөкөн аксакал төргө жайланышкан соң, ууга кызыгып жүргөн күйөө баласына собол узатты:

– Ээ, балам… Короодогуну тайган дейсиң, бул тайган эмес. Тайганды силер билбей калбадыңарбы. Анык тайганды көзүнөн тааныйт элем. Сеники тайган менен үгүшкөн эле түрөгөй. Биздин убакта тайгандар тайган эле, атаңдын көрү! Кунан торпоктой кийиктин сөөгүн жара чайнаган таза кыргыз тайганы калбай барат. Тээ илгери карышкырдын көкжалына кол салар кызыл көз тайгандар болор эле. Азыр андагыдай карышкыр, аркар-кулжа дегенди жеткен жеринен будамайлап жыгылган тайган тукуму үзүлүп калдыбы деп жүрсөм, кудай жалгап Атбашы жакта бир-эки мергенчиде бар деп угуп, ошоякка жеталбай жүрөм. Анан да мени кубандырганы, өткөндө мынабу Кандос айтат, жанагы кампүтїр деген немеңерде америкалыктар кыргыз тайганы жөнүндө билет экен деп.

– Ай бала, айтып берсең жездеңе – деп Кандосту сөзгө аралаштырделе, тиги желколтук неме, адатынча окуган-чокугандарынан баштады: – Собака который не продаётся, это киргизский борзый тайган дегенди өткөнделе интернеттен окудум – дегенди өтө жанданып айтты. Кандос калп айттыбы, чын айттыбы, ушинтип айтты. Анан да чыныгы кыргыз тайгандарынын баасы Американын 30 миң долларына жетет экен, – деп кошумчалады.

Дөкөн чал күйөө баласынын көңүлүн бурдуруп, Кандостун айткандарына өзү да кунт коюп отурду. Кандос аяктары менен өзүнүкүн улантты.

– Алардын алдыңкы тиштери карышкырдын алдыңкы тишинен да узун экенин өгүнү бирөөгө айтсам ишенбейт. Куураган атаңдын оозун урайын, тайганды бир оңой ойлоп…

Тамырлан эми кайнатасы менен кайнисинин айткандарына толук ишенди окшойт, өзүнүн тайган деп салпактатып ээрчитип жүргөн немесинен иренжий түштү.

– А мен короодогуну тайган деп жүрсө. Өгүнү бирөө сатам деп алып келгенинен ченебеген бир ирикке алмашып алгам. Канча ууга чыктым, бокко жарай элек. Ээсине кийин кайра апарсам, ууга чыгарда 2-3 күн байлап коюп буулуктурсаң, алгыр болуп калат дегенинен, байлап койгонум да.

– Тайган өзү дээринен кыраакы жан. Ал ошого жаралган. Жыт менен изди гана кубалайт. А тыржыйган мунуң үргөндөн башкага жарабайт. Көрсө, жанагы ташбакага ажылдап аткан турбайбы. Эмнеге үрөт дейм да. А тайганды минтип байлачу болсоң, көзүнө тиктегенге өзүңдүн да дитиң барбайт…

Үйдөгү сөздү кирип-чыгып кулагы чалган Айшерик дасторкон четине лып отура калды.

– Азыр айтсам, билбейм эмне болосуңар… Ушул ит үчүн Тамырлан экөөбүз канча жаман-жакшы айтыштык. Мен ооруп төшөктө жатсам, мага итке көңүл бургандай көңүл бурбайт. Анан ити ооруп калсабы… Атайы шаардан дарысын алып келип, үйгө, мынабу төргө төшөк салып бергенин кантейин. Канча жолу ооруп жыгылдым, жок дегенде анальгин алып келгенге жарабайт! А ити ооруса, үйгө ветеринар чакырып, капельницадан өйдө сайдырат. Үйдө тооктор туубай атса, балдардын оозуна тиелек жумурткаларды итине чогултуп, мынабу чоң чыныга буламыктай суюлтуп чалып бергенин карап отуруп, бул үйдө бир күн да жашагым келбей кетет! – деген Айшериктин датын уккан төркүндөрү кыраан-каткы күлкүлөрүн араң тыйышты. Үйдөгүлөрдүн күлкүсүнөн улам, өзү да көзүнөн жаш чыкканча күлгөн Айшерик далиске чуркап кетип, бир убакта шорпо куюлган чоң чыныларын ташып келе баштады.

– Мына дарыңарды бышырып келдим, көргүлө…

– Даамы кандай экен?

Баары алдыга келген шорполорун шурулдата баштады.

– Башкача экен.

– Эти жумшак окшойт.

– Даамы сонун турбайбы.

– Пиязы көбүрөк болуп калганбы?

– Мага ары жактагы тузду берип койгулачы.

– Кызыл мурчтан салгыдай экен.

Ар кимиси ар кандай сынап баштады. Дөкөн аксакал гана шорпону үн-сөзү жок шурулдатып отурду. Чоң кесени түбүнө чейин ууртап болгондон кийин гана:

– Эмнеси болсо да, насип буюруп, миңдин бирине даба болор касиеттүү дарыны ичип отурабыз, кудайга тобо дейли. Эми ар кимге андай-мындай кептерди айта бербегиле. Атайы ниет кылып дарылыкка ичебиз деп, кудайга күнөө да кылдык окшойт. Азыр эми ичип болсоңор, дасторконго акбата кылалы да, туралы. Ниет деген жакшы болот. Ниет болсо эле дарты барыңар дартыңардан айыгасыңар, оомийин – деп, батасын жайып, ордунан турду.



Үйүнөн меймандар узары менен Тамырлан коңшусу Майрамкулдун огороддо жок издеп жүргөнүн көрдү.

– Эмне жоготтуң?

– Ташбака.

– Мен да сени тооктун жөжөлөрүн издеп жүрөбү десе.

– Тоок эмне болуп калыптыр. Тооктун жөжөлөрү жоголсо минтип издебейт элем да.

– Ташбака эмне, тооктон баалуу болуп калыппы?

– Тоокту айтасың, ташбаканы мен кубаарыңдын кунуна алмашпайм. Мен аны атайы Ашхабаддан алдырып келгем…

Майрамкулдун мындай жообунан кийин Тамырлан дароо иш олуттуу экенин түшүндү. Майрамкул башкалардай бейчеки сүйлөп, тамашалашпаган бир мүнөз адам эле, «кудай урган экен» деди өз ичинен. Эми ташбакаңды «көргөн жокмун» деп айтабы?.. же «жеп алдык» дейби?.. Анда бүтүн айылга шерменде болбойбу…


Тамырлан жанын коёрго жер таппай карайлай баштады. Кошунанын жоготкону ташбака. Экөөнүн огороду чычкан мурду өткүс болуп бирге кашааланган. Анан алыс канчага узап баралат эле? Айлана-чөйрөделе болуш керек да… Айласы куруганда, ичинен кайниси менен кайнатасын ызырылтып сөктү. «Демейде келбеген немелер, бүгүн кайдан келиштеле! » Ары-бери басып жүрүп, эсине бирдеңке келгендей, короого шыпылдай басып кирди да, ташбаканын жанчылып жаткан чопкуттарын жыйнап кирген. Ангыча сыртта Майрамкулдун турганын көрүп калды. Майрамкул Тамырландын колундагыларлы көрдүбү, жокпу – мына балээ…

– Сүйлөшөлү десем, басып кетипсиң – дегенде жүрөгү оозуна кептеле түштү. Бирок Майрамкулдун бейгапар турганын көргөндөн кийин өзүн карманып, колундагыларды шып эле жерге коё койду. Майрамкул Тамырландын колундагы эмне экенин байкаган жок.

– Кел… Үйгө кир.

– Жо-жок… Сырттан эле.

– Кир эми, мынча келгенден кийин.

– Мейли. Кирсе кирели…

Үйдө меймандарга жайылган дасторкон али жыйылбаптыр. “Уурунун арты кууш” деген ушу белем, шаштысы кармагандан улам үйгө кирели деген сөз оозунан чыгып кеткенине ойдолоктоп, эмнегедир айыбы ачылчудай болуп калды. Катын-балдары ташбаканын этин жедик деп айтып ийелегинде өзүм айтсамбы деп, сөздүн ылайыгын издеди. Майрамкул төргө отурары менен шыпылдай баскан Айшерик кирип келбеспи. Бирок кудай сактап, Майрамкул дасторкондогу даамга эңкейгенде сырттан илбериңки кирген келинчегине «оозуңду жап» деген белги бергенге үлгүрүп калды. Муну айттырбай туяр Айшерик, демек, кошунанын көзүнчө ашыкча бирдеңкени айтпа деген белги экенин туйду.

– Кана, көптөн бери Майрамкул үйгө киргени ушул, бизге бир жүз граммдан алып келбейсиңби…

– Азыр – деп оозу ачылелек шишени кармата коюп, чыгып кетти.

Экөөнүн ичтери жаңыдан ысып калганда Тамырлан келинчегин чакырды:

– Эми жанагынын шорпосунан бизге да бирден алып келбейсиңби…

Алдыга ысытылган шорпо келди. Майрамкул оозуна татаары менен эле шыпшынып-жаланып, шорпону мактады…

– Оо, аяшыбыздын тамагы мыкты экен, өй.

– Кел, үстүнө дагы куюп берсин.

Бөрү тоют болуп турган Майрамкул да ээрдин жаланып калды, – Мейли, куйса куйсун. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын – Майрамкулдун өңү албырып турганын көргөн Тамырлан эми чечкиндүүлүк менен болгон ишти болгондой айтып бергенден кийин алагүү абалга жеткен Майрамкул алдына келген шорпо ташбаканыкы экенин билингенде, жерди бир муштап алды.

– Мен аны жердин түбүнөн алдырып келбедим беле, жердин!.. Жердин түбү тетигиле Түркмөнстандын чөлдөрүнөн! … Эмнеге билесиңби?.. Дарылык касиети үчүн… Билесиңби, эмнеге дары?

Тамырлан ташбаканын этинин пайдасы жөнүндө бүгүн эмнени укса, укканынын барысын айтып берди, бирок Майрамкул анын кебине ыраазы болгон жок.

– Жок… Билбейт экенсиңер. Билген кайниң бок жептир, айтып кой ага… Билбесең, билип ал! Ташбаканын эти – эркектик кубатыңды арттырат, түшүнөсүңбү?

– Сен ташбаканы ошонүчүн эле алдырып келдиң беле?.. А мен сага таап берем анда… Ташбаканын этинен да укмушту таап берем. Улар чөптү билесиңби?.. Билбейсиң! Сен ошол улар чөптү жесең, катының экөөң уктабай каласыңар… Ооба, сен аңги болуп, катының сенден дырылдап качып калат.

– Улар чөп дегениң кандай? – Майрамкул Тамырландын айтканына кызыгып калды.

– Балээнин баары – улардын мынабул жемсөөсүндө. Этинде да касиет бар деп жүрүшөт, бирок анысын мен билбейм. А эгер жөмсөөсүндөгү ал жеген чөптү сен жесең, бу дүйнөдө сага катын түтпөйт. Жанагы даңкайган катыныңдын бели ошондо түпкүчтөй түйүлөт – деп тигинин бүйүрүн кызыткысы келди.

– Ташбаканыкы деле оңой эмес. Мейли, анысы ал, эй досум, мынабул тамактан кайнатаң да жедиби?

– Жеди.

– Анда бүгүн кайненеңди түнү бою уктатпайт. Кайта-кайта минип атып өлтүрөт экен. Эртең кызына “энеў єлдї” деген кабар келбесе болду.

Тамырлан муну угары менен боорун тырмап күлдү.

– Чалдыкы эми кайдан жарамак эле…

– Ташбаканы жеген болсо бүттү. Бүттү дей бер… – Экөө бир-бинин айтканына ыкшый баштады.

Экөө ошентип күн уясына жашынганга чейин боор тырмап каткырып атышып, эстерине катындары келди. Майрамкул дароо үйүн көздөй жүгүрделе, Тамырлан да Айшерикти бүгүн эртерек төшөк салдырганга шаштырды.

Дөкөн чал болсо үйүнө келип, жаздыкка жыгылары менен ооналактап баштады. Кулагынан жаны чыкпаган ташбаканын онтогону кетпей койду. Түнү бою кемпиринин тынчын алып, «Тамагым кургап атат, суу…суу» дей берип, уктатпай койду. Көзү илинип уктап баратып эле жаны чыкпаган ташбаканын онтогону кулагына угулат. Кайта-кайта «кемпир, кемпир» дей берип, кемпирине уйку бетин корсотподү.


Аягы....

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 10 Июнь 2014 - 10:51

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   AK-47.   09 Июнь 2014 - 21:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 07 Апрель 14
  • Соңку аракети: 10 Май 2019 06:30

Кызыктуу ангеме экен, аябай жакты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июнь 2014 - 10:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Олжобай Шакир "Жыт"
Ангеме...... .....

Бөкчөйгөн бечара кемпирдин заарканганы – жыт. Ал жыт өзүнүкү, бирок өзүнө кайдан жыттансын, аны эшиктен кирип келери менен уул-келини, неберелери сезет. Алар босогону аттаары менен кемпирге жийиркеничтүү карап, терезе, балконду ачканга шашат. Үйгө жагымсыз жыт толуп кеткенин мурда эчкимиси ачык билдирчү эмес эле, азыр босогону аттары менен «өф-фи-иий» деп турушат. Башкасы башка го, «апа, терезелерди ачып отурсаңыз боло!» дегенди өз жанынан чыккан уулу Медер баштайт. Бечара кемпир кийинчерек ушул кепти көп уккандан жазганчаак болуп бүттү. Медердин энесине жасаган мамилесин көргөн үчүнбү, ыймандуу деген келини да акыркы күндөрү кайненесин кагып-силккенге өтүп алды. «Кел, өптүрүп кой» дегенди уккан неберелери болсо «чоң эне, сиз сасып атасыз» деп кача турган болушту. Балдарынын андай мамилесин тыйып койчуу Медер азыр таптакыр дудук немедей. А түгүл алар чоң энесин «андай отур, мындай отур» дегенин көрүп турса да үндөбөгөн адатты таап алды.
Үй эки бөлмөлү. Биринде Үпөл кемпир жалгыз уктайт. Мурда үч небереси менен бир бөлмөдө чогуу укташчу. Алар чоң энелерин талашып, кезектешип койнуна жатканды жакшы көрүшчү. А кемпир неберелерин “сасыктарым” деп эркелетер эле. Кийин «чоң энебиз сасык» деп, балдар да Медер менен келини Жанаранын айткандарын айтчу болду. «Чоң энем жаткан бөлмөгө жатпайм» дегенди эң биринчи улуу небереси айтары менен кийинки экөө да «силер жаткан бөлмөгө жатам» дегенди айтып чыкты. Медер менен Жанара да балдардын айтканы менен болуп, чоң бөлмөдө чогуу уктоону макул көрүштү.



Үпөл бечаранын турмушта таянары – бир уул, бир кыз. Кырчындайында башкошкон жолдошу 1941-жылкы согуштан кайткан эмес. Солкулдап турган кезинде жесир калса да, өмүрү жол карап жүргөн немедей өттү. Турмуш курган жок. Уул-кызым өгөй атадан бозала болбосун деп, колун сураган далай жигиттин шагын сындырганын эстейт. Экөөнү жер каратпайын деп, бөксөсүнөө эт, сүйрүсүнө сүт тололек кездеринен кем-карчысыз чоңойткон эле. Уул-кызы үчүн каруусун казык, билегин токмок кылып иштеп жүрүп, колхоздун алдыңкы саанчысы болуп чыга келди. Аларды бирөөгө жетим дедирткен жок. Тапкан-тергенин үйрүлүп түшүп, экөөнө тең бөлүп өстүргөнүчү. Эми минтип, үйдө керээлдин-кечке камалып отуруп, балдарынын балалыгын эстегенди жакшы көрөт. Кээде шоргологон жашы да тєгїлїп кетет. Уул-кызы Медер менен Зейнептин кенедейдегисин эстеген сайын жүрөгү зырп этип алат. «Балдарың маңдайыңда туруп, бирок ошолордун балалыгын сагынткан эңсөө кыйын окшойт» дейт өзүнчө. Арбир күн менен зар какшап коштошкон карылык күнү келгенде уул-келини менен неберелери арбир саатта үйдү желдетип, терезе, балконду ачкан сайын жазмышына кейийт. «Бул эмне болгон жыт?» – өзүнө-өзү берген суроого жооп таппайт. Ар жума сайын кызы Зейнеп келип, жууп-тарап, ичкийимдерин которуп бергендин эртесиле неберелери «чоң эне, сизден жыт чыгып атат» дегенди башташат. Күнүгө жыт жөнүндө уккан сайын, эмне кылар айласын таппай ойлончу болду. «Куру дегенде сыртка чыгып, ары-бери басып желдесем, жыт кетип калат беле?» дейт, бирок сыртка барып-келиш кайда. Колу-буту ооругандыктан тогуз кабаттуу үйгө кайра көтөрүлүп чыгалбайт. Лифтиден да коркот. Ага түшсөле жүрөгү айныйт. Анын үстүнө энесинин сыртка чыгам дегенин уккан Медер да бир сапар «кыштын кыраан чилдесинде эшикти эмне кыласыз» деп тилдеп койгону бар. Колунан келгени – ваннага саат сайын кирип коюн-колтугун чайкамыш болот. Бирок оорукчан колдору көтөрүлбөгөндүктөн, оң колу сол колтугуна жетпейт, сол колу оң колтугуна. Элетке кетип калат эле, шаарда багар-көгөр уул-кызы турганда кантип барат. Медер менен Зейнепти жаманаттыга калтырабы. Бул анын эл арасында уул-кызыма кеп тийбесин дегени.

Зейнеп мүмкүнчүлүгүнө жараша бир жумада бир келип жуунтуп-тарап турат. Өзү келалбаса кызы Жибекти жөнөтөт. Тегинен Жанара деле жаман бүлөдөн чыккан жан эмес. Кээде чын пейлинен «сизди мен деле жуунтуп-тарайын» дегенине ичинен ыраазы болгону менен кайнене эмеспи, тартынат. «Зейнеп өзү келсин» деген шылтоосу бар. Шылтоосун айтат. Ошондо деле ичинен сызып, келини жөн гана жыттан кутулуш үчүн айткандай сезилет. Кайта мындай сөздү оор кабыл алып, ааламга батпай кетет. Ошол замат өз бөлмөсүнө кирип, каалганы жабат да, керебети турган бурчка корголойт.



Мурда дасторконго уул-келини, неберелери менен чогу отурушчу, кийин эле үйдө жыт пайда болгондон баштап, кемпирди бөлө башташты. Тамак даярбы, бүттү, кызыгы болбосо деле баары телевизор көрөбүз деген шылтоо менен кухняга кемпирди жалгыз отургузуп коюшат. Ошентип ал жалгыз олтуруп тамактанат. Кемпир тамагын жеп, бөлмөсүнө кирери менен баары кухняга жабыла чуркайт. Кемпирди ушул көбүрөк ардантат. Жашы токсонго таяса да колу-буттан башка дени-карды таза. Курбуларынын баары өтүп кеткен. «Мениле эмне кудай албады» деп күнүгө кейийт. «Адамдын эң ташбоор душманы – карылык турбайбы» деген сөзүн басса-турса күбүрөнмөй адаты бар. Күнүгө аткан таң менен баткан күндү карап, «мени алып кеткен күнүң болобу!» дегенди келмедей кайталай.

Мүмкүн дагы канча жашайт эле ким билет, бир күнү катуу ыза болду. Жумушунан кеч келген Медерин аяп, кухняда тамак жеп отурганын жанына отурду. Тамакты үн-сөзү жок жеп аткан Медердин маңдайында отурган кайненесине Жанара тамак куюп, стөлгө койду. Кемпир деле тамак жемек эмес, эне-баладай сүйлөшкүсү келген ниет менен уулуна жакындаган. Уулунун кыялынан жалтактаган байкуш сөздү адегенде кызы жөнүндө баштады:

– Бүгүн Зейнеп келип, жуунтуп-тарап кетти.

– Жакшы болуптур.

– Уруксат берсең, бир аз күнчө Зейнептикине жүрүп келейин деп атам…

Медери үндөбөдү. Эне байку бул учурда өзүнүн денесинен жыт чыгып турганын сезбеди. А тиги болсо энеси тараптан жыт келгенине ичинен кыжаалаттанып аткан. Табагын көтөрүп барып, башка бөлмөдөн жесемби деп ойдолоктоп калды. Ангыча уулунун карды ачып келгенин байкаган эне өзү ичип аткан тамактагы эттерди терип, уулунун табагына сала коюп, балээ басты.

– Өзүңүздүкүн өзүңүз жебейсизби! – деп алдындагы табакты жиркенгенсип түртүп салды.

– Айланайын, сени курсагы ачтыбы деп… – Андан ары эмне дээрин билбей, ызасына муунуп калды. Бирдеңке айтайын деп барып, єз жатынынан чыккан уулунан мурда болуп кєрбєгєндєй ичи сууду. Медер болсо ордунан шарт турду да, телевизордун үнүн чоңойтуп, дулдуюп отуруп албаспы. Муун-жүнү калтыраган кемпир ошол замат колуна таягын алып, сыртка жөнөдү. Кемпирдин сыртка кеткен-кетпегени менен эчкимдин иши болгон жок. Жанара кухняны иреттеп, неберелери да Медер менен телевизор тиктеп отуруп, уктап калышкан.







Жанара таң эрте туруп, күндөгүдөй кайненесинин тамагын жедирмек болуп, бөлмөсүнө башбагары менен кайра чыкты.

– Медер, апам кайда?

– Ваннага киргендир.

– Ваннада киши жок.

Медер кемпир жаткан бөлмөгө өзү кирди. Жыт жок экен. Кемпирдин үйгө түнөбөгөнүн жыттан улам шекшиди. Төшөгүн сыйпалап көрсө, муздак. Кыйсыпыр түшүп кемпирди таппай калышты. Кыштын кыраан чилдесинде кемпирдин кайда кеткени табышмакка айланды. «Кызына кетип калдыбы?» Таң эрте Зейнептин үйүнө телефон чалып, бирок эмне дешти билбей турду. Оюнда эчнерсе жок Зейнеп трубканы алып: Оюнда эчнерсе жок Зейнеп трубканы алып:

– Апам жакшы элеби? – дегенди биринчи сурады.

– Апам жакшеле, өзүңдүн абалыңды билейин деп эле чалгам… – деген жоопту оозу бош айтып, трубканы илди.

«Кайда кетти?» Медер оюн бир жерге токтоталбай койду. Жанара экөө сыртка шашылыш бойдон чуркап, подъезддердин баарына кирип, шаар тургундарынын тынчын алып чыгышты. Кемпирди «көрдүм» деген жан табылбады. Айласы кеткен Медер издөө борборлоруна чейин барды, майнап чыккан жок. Издөө экинчи күнгө уланды. Кошуна-колоңдор «энеңердин сүрөтүн телевизор, гезиттерге берип көргүлө» дегенинен Медер энесинин жалгыз түшкөн сүрөттөрүн алып, маалымат каражаттарына кайрылмай болду. Шаардын маршруттук таксисине отурары менен жанындагы кыздын мобилдик телефону чырылдады.

– Алло, ата… Мен азыр моргдун жанына келип калдым. Беш мүнөт…анан бүттү. – Беш мүнөт өттүбү, өткөн жокпу маршруттук такси тарс-турс, кайч-куйч болуп, катуу күү менен токтоду. Морг деген сөздү угары менен «мүмкүн моргго да кайрылып көрсөмбү?» деп ойлонуп келаткан Медер кулап түштү. Үстүнө салондун артында отуруп, туруп келаткан жүргүнчүлөр кулады. Салон ичи ызы-чууга толуп кетти. Бири онтоп, бири кыңкыстап атса, кээси кызыл-жаян. Автокырсыктан жабыр тартпагандардын арасында Медер да бар экен. Ал майышкан каалга араңдан-зорго ачылгандан кийин сыртка чыгып, эсин жыйган кезде алиги «Ата, мен моргдун жанына келип калдым. Беш мүнөт… анан бүттү» деген кыздын асфальт жолдо жаткан кызыл-жаян денесин көрдү. Кесилиште тургандардын айтымында, анын денеси алдыңкы терезеден сыртка ыргыган бойдон асфальтка сүрүлүп барып, мээ капкагы ачылып кетиптир. Окуя болгон жерди эл бир заматта курчады. Бул учурда кыздын денесинин жанында жаткан мобилдик телефон бир нече жолу чырылдады эле, бирөө басып барып жооп айтканга батынбады. Телефон кайра-кайра чырылдап атты…

Бир заматта болуп өткөн окуяга котолоп жыйылган элдин арасындагы Медер денесиндеги майда калтырактар тараганын сезгенден кийин энесинин сүрөтүн маалымат каражаттарына таркатканы жөнөдү. Кемпирдин жоголгону жөнүндө бүгүн шаар элине маалымат тарайт. “Зейнеп укса, эмне болор экен?” Медерди ушул суроо кыйнады. Бирде автокырсык көзалдынан кетпей койду. Телекөрсөтүүлөр менен гезиттердин баарына сүрөт таратып, їйїнє келатып, эсине бирдеўке кылт этти. Мындан бир нече саат мурда каргашалу окуя болгон жердеги моргдун тушуна келиптир, кайрыла кетүүнү чечти.


Моргдогу ак халатчан медайым Медерди жаңы келген өлүктөрдү сактачу муздаткычка ээрчитти. Өлүктөрдү аралап келатып, бирөөсүн көргөндө денеси дүр дей түштү. Алиги «Ата, мен моргдун жанына келип калдым. Беш мүнөт… анан бүттү» деген кыздын денеси экен. Бүгүнкү окуя көзалдына элестеп, денеси дүрїлдєп, єлүккө жакын келип тигилди. Мурдуна тааныш жыт бур дей тїштї, кудум энесиникиндей. Эки жагын каранды. Кылчаяры менен энесинин бырыш баскан жүзүн таанып, маңдайында селейип турду. Жыты буркурайт. Энесинин жансыз жаткан денеси азыр ордунан козголуп, каргыш айтчудай сезилди. Көзү тирүүсүндө кучактабаган энесинин үстүнө ошондо кулап, буркурап ыйлап жиберди бечара. Мурдуна өмүрүндөгү эң жакын жыт буркурап турганына заркакшап ыйлады. Бул жыт ага балалык күнүнөн бери тааныш сыяктуу сезилди. Жансыз денеге денеси тийгенде бүткөн боюн калтырак басып, өмүрүндө моргдун босогосун аттап көрбөгөн єз денеси муздап кеткендей болду. Негедир «Моргго келдим. Бүттү…» деген сөз өзүнөн-өзү оозунан чыгып кетти.....

Аягы......



Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 10 Июнь 2014 - 10:47

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   leilek85   10 Июнь 2014 - 10:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 491
  • Катталган: 28 Апрель 14
  • Соңку аракети: 04 Авг 2020 20:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Исфана

абдан окунучтуу экен да
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   admin_superstan   10 Июнь 2014 - 10:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Жыт" жана "Жаны чыкпаган ташбака." темалары менен бириктирилди.
Feijipiao , кыска аңгемелерди ушул темага жазууна сунуштайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июнь 2014 - 11:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Решат Нури Гүнтекин
"Туюк махабат"
Ангеме..
Расим бир күнү кечке маал мектептен келип, бир кат таап алды. Өзүнө келиптир. Ичинде гүлдүү баракка жазылган ушул саптар бар экен: «Расим мырза, мен сизди көптөн бери сүйүп жүргөн бир жаш кызмын. Абдан сулуумун деп тартынбай эле айта алам. Сиздин сүйгөнүңүз, сиздин жубайыңыз болсом дегенде эки көзүм төрт. Бирок жашыбыз жетпегендиктен, бир нече жыл күтүшүбүз керек деп ойлойм. Азырынча сизге өзүмдү тааныштырбайм. Каттарыңызды … деген дарекке сурап алма кылып жөнөтүңүз. Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт. Бирок бир күнү, балким, жолугуп да каларбыз. Өзүмдү азыртан эле сиздин сүйгөнүңүз, сөйкөлүү кызыңыз деп эсептегендиктен, сиз менен жолугууну уят, айып бир иш деп ойлобойм.

Үйдө жалгыздыктан жаным кысылат. Каттарыңыз мен үчүн көңүл жубатарым болор…»

Он алты жашка келген ар бир окуучу сыяктуу эле Расим үчүн да бул жашоодо бирөөнүн сүйгөнү болуп, аны сүйүүдөн артык эч нерсе жок эле. Катты окуур замат жүрөгү алоолой баштады. Өзү көрбөгөн бул бейтааныш кызды катуу сүйүп калды. Кечинде киного бармак эле, барбады, бөлмөсүнө бекинип алып, өзүн сүйүп калган бул бийкечке келиштирип бир узун кат жазды.

Катты почто кутусуна салган сайын дароо он жашка чоңоё түшкөндөй керсейип калар эле. Атым Бедиа деген бул бийкеч Расимдин каттарына үзгүлтүксүз жооп жазып, эгер бир-эки күн кат жазбай калса, кыямат-кайым салчу: «Сизди канчалык сүйөрүн, сиздин каттарыңыздан башка көңүл жубатары жок экенин айткан бир байкуш кыздын эки көзүн төрт кылып күттүргөн туурабы? Каттарыңызды да кыска жазасыз. Дагы бир өтүнүчүм, каттарыңызды бир аз оңой окуй тургандай кылып жазасызбы?»

Боз улан кечинде эртелеп бөлмөсүнө кирип кетет да, ашыгына жагыш үчүн сааттар бою кайра-кайра көчүрүп, китептей узун каттарды жазчу. Бедиа анан калса ар нерсеге кызыккан кыз экен. Кээде мындай суроолорду берчү: «Үйлөнгөндө бал айыбызды өткөрүү үчүн Италияга барсакпы, же Швецияга барсакпы? Бул эки өлкө кандай болду экен? Ал жактарга барыш үчүн кайсы деңиздерден, кайсы өлкөлөрдөн өтүш керек?» Же болбосо: «Сен Абдүлхак Хамиттин «Эсберин» окудуңбу? Абдан жаккан жерлерин жазсаң, мен да окуюн…»

Боз улан кызына уят болбош үчүн география жана адабият китептерин аңтарып, ал сураган маалыматтарды топтоо үчүн күнү бою жан талашчу.

Бедиа бир катында ага минтип таарынды: «Сиз менен сөзсүз жолугайын деп чечкен элем. Кечээ мектептен кайтчу жолуңуздан күттүм. Бирок бир жаш кыздын сүйгөнү экениңизди унутуп, абдан жаман кийинип алыпсыз. Үстү-башыңыз, бут кийимиңиз баткак экен. Кичинекей баладай болуп досторуңуз менен алыштыңызбы? Муну көрүп, сизди уят болбосун деп, жаныңызга бара албадым.»

Расим жети өмүрү жерге кирип уялды, капа да болду. Ошол күндөн тартып абдан тыкан, таза кийине турган болду.

Бир жолу Бедиа анын мектептен чыгар менен үйгө кетпей, кечке чейин көчөдө жүргөнүн айтып даттанды. Өзү минтип ал деп үйдө ыйлап отурса, ал башка кыздар менен жүрөт болду бекен?

Расим бул дүйнөдө Бедиаман башка эч бир кызды сүйбөйм деп карганып кат жазды, көчөдө баса албай, кокусунан учураган кыздарга көз кыры менен да карай албай турган болду.

Бир күнү кечинде Расимдин апасы Недиме айым жубайы Ахмет мырзаны аза күткөндөй тосуп алды. Ыйламсырап: «Ах, мырзам, башыбызга келгенди сураба. Уулубузга Бедиа деген бир балакет кыз жабышыптыр. Бүгүн Расимдин бөлмөсүн жыйыштырып жатып, каттарын таап алдым. Балабыз колдон чыгып баратыптыр. Бир айласын тап»,- деп муңканды.

Ал эми Ахмет мырзанын эч бир кызыккан түрү көрүнбөйт, тескерисинче кыт-кыт күлүп турат. «Коркпо, айым»,- деди ал шыбырап. «Ага ашыктык каттарын жазган кыз менмин. Балабыздын жалкоолугу арткандан артып бараткан. Мектептеги мугалимдер да, мен да канча аракет кылганыбыз менен жакшыраак жазганды да үйрөтө албай койдук. Акырында ойлонуп отуруп ушул айланы таптым. Расимдин кызга кат жазып жүрүп жаңы жазууну үйрөнөрүнө жана быйыл кийинки класска көчөрүнө ишенем. Чынын айтсам, мен да эски жазууну бир убакта сага кат жазып жүрүп үйрөнгөн элем.»


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июнь 2014 - 12:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Мамат Сабыров

"Айганыш"

(Аңгеме)

Митал окуган мектептин балдары бир башкача сүйүшчү. Бул жеке Митал окуган мектепке же ал жашаган айылга эмес, жалпы чөлкөмгө таандык өзгөчөлүк болсо керек. Сегизинчи же онунчу класста окуган уландын кайсыл бир кызга көңүлү түшүп калса, бирөөнү ортого салып, «айттырат». Бул жаңылык ошол замат мектепке, анан бүт айылга «дүң» эте түшөт. «Паланча түкүнчөгө айттырыптыр» дейт балдардын бири. «Кимден айттырыптыр? » деп тактап сурайт экинчиси. Себеби, кыздын жообу көп жагынан бала ким аркылуу айттырганына да байланыштуу болот.



Кыз макул болсо көп өтпөй аларды клубга кино келген күндөрү, майрамдарда чогуу шынаарлашып жүрүшкөндөрүн көрүп калышат. Ар кайсыл дарбазаларда, тамдардын боорлорунда «Жакып+Жамийла=сүйүү» деген сыяктуу жазуулар пайда болот.

Кээ бир чечкиндүү, өрт балдар эч кимди ортого салбай эле кат же открытка жазып, кыз отурган партанын астына катып коюшат. Албетте, кыздын да көңүлү болсо, же кат жазган жигитти урмат-сыйга татыктуу деп эсептесе, жылуу-жумшак жооп жазат. Эч болбоду дегенде билмексен болуп, катын жоопсуз калтырып коёт. Айылда мындай маанилүү милдетти аткарганга ар кайсыл китептерден ашыглык ырларын көчүрүп жазууга адистешкен, оозуна кат тиштеген ак кептердин сүрөтүн тартууга жөндөмдүү балдар болот. Эң кызыгы, кыздын жооптору да көбүнесе бир адам тарабынан, сочинениени, диктантты катасы жок жазган, колу сулуу активист кыздын өнөрканасында даярдалчу.

Бирок сүйүүгө жарчы каттардын, открыткалардын тагдыры көбүнесе кейиштүү бүтчү. Кыз жакын курбуларын ээрчитип алып, танапис учурунда тиги баланы атайы издеп келет да, бүт классташтарынын көзүнчө открыткасын майда-майда кылып бырчалап, үстүнө балчайта түкүрүп, аны менен эле тим болбостон бетине бир чачат. Айрым кыздар таасир күчтүүрөөк болсун үчүн отура калып, көз жашын төгүп да ийет. Бул аракети менен ал бүт коомчулуктун алдында өзүн реабилитация кылганы. Менде эч күнөө жок, мынабу ары жок өзү эле тийишип атат дегени. Эгер антпесе ошол замат балдардын арасын ушак сөз аралап, ал мектептин мугалимдерине, атүгүл ата-энесине чейин жетет.

Митал сүйүү өңдөнгөн калаты сезимге экинчи класста окуп атканда кабылды. 2-»Б» класста Айганыш аттуу кыз бар эле. Ал кыз сабакка кирип баратканда да, танаписте сыртта ойноп атканда да Митал көзүн албай, көпкө тигилип карап калат. Бир жолу Айганыш Назми аттуу курбусу экөө Миталдын эки классташы менен эки-экиден болуп кар урушмай ойноп атышкандарын көзү чалды. Анда Митал буга анча маани берип, элес алган эмес. Бирок мындай көрүнүштү күн сайын, ар бир танапис сайын көрө баштаган соң, алардын ортосунда бир нерсе бар экенин жүрөгү туйду. Кызганыч сезими жалбырттап, ичин ит тырмачу болду. Эч нерсе билмексен болуп Ажыбектин танабын тартып көрдү эле, ал да «Б» класстагы эки кыз менен достошуп атышкандарын жашырган жок. «Чачы кыркылганы меники, берки, жашыл пальто кийгени Жумаштыкы» деди Ажыбек оозу жалжайып.

Миталдын Рустам деген досу бар. Мектепте да, сабактан кийин да дайыма чогуу жүрүшөт. Кээ бир күндөрү атасынан суранып Миталды үйүнө да ээрчитип кетет. Кышында үйдүн эки гана бөлмөсү жылытылгандыктан, атасы менен апасы кире бериштеги бөлмөгө, ал эми Рустам менен эжелери болсо төркү чоң залда жатышчу. Бир курдай Митал барганда экөөнө адаттагыдай эле бир бурчка чогуу төшөк салып беришти. Телевизордон хоккей көргөн соң, экөө түн бир оокумга чейин шыбыр-шыбыр этип, кыздар жөнүндө кеп кылышты.

- Мен Айганышты жакшы көрөм да, — деди Митал. — Ажыбек «ал меники» дегенде жүрөгүм тыз этип кетти…

Ушул учурда төр жакта жаткан Рустамдын эжелери «пык-пык» этип күлүп калышты. Көрсө, жанатан бери экөөнүн сөздөрүн угуп, бешиктен бели чыкпай жатып ышкы отуна кабылган «ашык гарыптын» жоругуна боорлору эзилип жаткан тура.

Арадан көп жыл өткөндөн кийин Митал Айганыш жөнүндө эстегенде, бетине сепкил баскан ушул балык ооз кыздын эмнесин жактырдым экен деп таң кала берчү. Айыл боюнча Айганыш гана чачын кыска кылып жүрчү. Атасы чоң кызматтарда иштеп, көп жыл райборбордо жашап келишкендиктен кылыктанып, орусча сүйлөчү. Ким билет, айылдык балага балким ошонусу кызык сезилгендир…


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июнь 2014 - 16:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Туйшук "
(Ангеме)

Көз байланып, асмандагы жылдыздар чарактай баштаган маалда Кудайбердинин үйгө кабагы чытылуу кирип келгенин коңшунун уул тою үчүн бир чара камыр жууруп, аны эми эле дандырга жаап болгон сарамжалдуу аялы Зыйнат дароо сезди да, «бүгүн дагы кандай балээ басты экен?» деп ичинен кабатырланды. Сарамжалдуу демекчи, бу үйдүн зыйнаты чынында эле ушу аял. Таң заардан түн жарымгача көр оокат деп жан үзгөндүктөн, арыктап. сөөгү эле калган анын. Ошентсе да, Кудайбердинин бактысын ушу аял ачты. Эгер анын ордунда бөтен бир бошоңураак, нымжан аял болгондо өмүр бою төбөсү какшап, сыл кесел болот беле…
- Уф-ф, - деп супага көчүк басты Кудайберди. Анан алманын сабагындай ичкерген моюну акырын ийилип, башы шылкыйды. Тоокторго жем берип эшиктен кирип келген Зыйнат эринин бу кейпин көрүп, боору эзилди - Ай, сизге эмне болду? - деп сурады ал таңданып.
- Ээ, катын, эртеге дагы бир патаага барышым керек. - Кудайберди аргасы куруган кейпте аялына күңк этип жооп берди.
- Ботом, дагы ким?.. - Зыйнат сескенип алды. -- Лахшыдагы тууганыбыздын кайын энеси каза болуптур… Кудайберди каза тапкан адам менен ага бата үчүн алып барыла турган нерсенин азабын тартып, саргайып олтурду. Жакшылык болсун ылайым, өткөн айдын ичинде эле беш жерге батага барды. Бешөөнө тең союш, баш аяк… Кудайберди буларды жөндөн-жөн алып барган жок. Бу жарыктыкта «алмактын бермеги бар» эмеспи? Мындан жарым жыл илгери карыган атасы каза тапканда алар деле солкулдаган куйруктуу койлорун жетелеп, кездемелерин түйүп келишкен. Ошондо Кудайберди жаштык кылып, көңүл айтып келгендердин берген акчаларын, койлорун, кездемелерин тизмелебестен аңкайып отурганда, жакын амекиси: «Ой үкам, бу пулдар, койлор, кийимдиктер сага бекерге берилип жаткан жок. «Алмактын бермеги бар». Түшкөн нерселердин баарын тизмеле» деген. Кудайберди мына ошондо амекисинин сөзүн жерде калтырбаганынан кыйла пайда келтирди.
Кудайберди чала сабалган жыландын сыңарындай ордунан араң козголуп туруп, төрдөгү темир сандыктын кулпусун ачты. Андан атасы каза болгондо аманат акча, кой, кездемелердин тизмеси түзүлгөн дептерчени алып, көз жүгүрттү. Зыйнат ага астырттан тиктеп: «Бу дептерди не мынча тез-тез карайт болду экен?» деп терең улутунуп алды. «Мм.., - ичинен сызып ойлоду Кудайберди. - Ысмайыл таекем менен үкаси бир кой, үч кийимдик иш алып келишкен экен…» Ал сырдуу дептерчени көңүлсүз жаап, сандыкка салган соң, кулпуну бекитти. Анан керосинканын бир жак кулагында турган ширенкени алып, агылдын ичине кирди. Талаадан тоюнуп от жеп келип, кепшеп жаткан койлор беймаалда баш баккан адамдан үркүп, агылдын төр жагына топтоло калышты. «Үркпөгүлө, жаныбарларым, силер менден эмес, тиги дүйнөдөн чочугула. Анткени, силердин бир кабыргаңар да мага насип кылбайт. Бардыгыңар чирип кеткен эскинин саркындысы, баш айланткан барчылыктын көөнө каадасы үчүн гана багылып жатасыңар, -деп ал колун-дагы ширенкенин талын шыр эттирип тамызып, сөзүн улады. - Бечараларым, көзүңөр чанагыңардан чыгып кетчүдөй чекчейип калыптыр. Кана, бир аз жазылгылачы, Лакшыдагы таекемдин батасына кимиңер жарайт экенсиңер, кана, чачылгыла. Кош! Ии, тынчтангыла эми. Тиги бурчтагы чубалаң куйруктуу кой, сен Сайроондогу амекимдин тоюна, а сен, чунак кой, Жерге-Талдагы жээнимдин тоюна жарагыдайсың. Сен, боз коюм, Жол-Теректеги бөлөмдүн атасынын кудайысына арзыгыдайсың. Сен, ала коюм, уулум Худайназардын сүннөтүнө аталгансың. Тээ чунактын алдындагы тегерек куйрук. ушу сен эртенки патаага жарагыдайсың. Камыңды жегин, эртең Лакшыга кетебиз. Өзүнүн майына өзүн кууруйт» дегендей, сени патаага алып барсак, таекем өзүнүкүн эмес, кайра сени союп, бизди узатат…»
Кудайберди тышка чыгып, агылдын эшигини илгичин илип бекитти. Үйгө кирсе, Зыйнат дасторконун жазып. күтүп турган экен. Кенже уулу күндүзү иттей чарчаганбы, айтор эрте эле томолонуп калыптыр бечара.
-Балдарга ысык суу кылып берсең болмок. - дедн Кудайберди дасторкондун үстүндөгү куру нан менен чайнектегн сары чайды көргөндөн кийин.
-Ахвалды көрүп туруп сүйлөй берет экенсиз да. Тырмактай гөш болбосо, казанга санымды кесип салмак белем? Же район жактан гөш сатып келбесеңиз. - Зыйнат ачуу сөздөрдү усталык менен жумшартып айтты. Антпесе, эринин пейилин жакшы билет: жини келгенде төбөсүнө данек чаккандан да кайтпайт. Жаалы тез.
-Өзүң көрдүң катын, бу айда 130 эле сом айлык болду. Беш жерге 100 сомдон 500 сом алып, патаага бардым. Кардыбыз ач, кийимибиз жыртык болсо болсун, амелеки карыздан кутулалы.
-Анавы Худайназарыңыздын хазыр бир да ават кийими калбады. Шымынын көчүгү, тизелери тешилди. Кечээ ушу ахвалда Хыдырназардын тоюна алып бардым. Барба десем, жерди тепкилеп ээрчиди даюс! - Зыйнат көзүнө чайыла түшкөн жашты эрине билдирбестен жоолугунун учу менен сүртүп койду. - Хайыр, худайым тынччылыкты берсин…
ойлоду Кудайберди. - Ысмайыл таекем менен үкаси бир кой, үч кийимдик иш алып келишкен экен…» Ал сырдуу дептерчени көңүлсүз жаап, сандыкка салган соң, кулпуну бекитти. Анан керосинканын бир жак кулагында турган ширенкени алып, агылдын ичине кирди. Талаадан тоюнуп от жеп келип, кепшеп жаткан койлор беймаалда баш баккан адамдан үркүп, агылдын төр жагына топтоло калышты. «Үркпөгүлө, жаныбарларым, силер менден эмес, тиги дүйнөдөн чочугула. Анткени, силердин бир кабыргаңар да мага насип кылбайт. Бардыгыңар чирип кеткен эскинин саркындысы, баш айланткан барчылыктын көөнө каадасы үчүн гана багылып жатасыңар, -деп ал колун-дагы ширенкенин талын шыр эттирип тамызып, сөзүн улады. - Бечараларым, көзүңөр чанагыңардан чыгып кетчүдөй чекчейип калыптыр. Кана, бир аз жазылгылачы, Лакшыдагы таекемдин батасына кимиңер жарайт экенсиңер, кана, чачылгыла. Кош! Ии, тынчтангыла эми. Тиги бурчтагы чубалаң куйруктуу кой, сен Сайроондогу амекимдин тоюна, а сен, чунак кой, Жерге-Талдагы жээнимдин тоюна жарагыдайсың. Сен, боз коюм, Жол-Теректеги бөлөмдүн атасынын кудайысына арзыгыдайсың. Сен, ала коюм, уулум Худайназардын сүннөтүнө аталгансың. Тээ чунактын алдындагы тегерек куйрук. ушу сен эртенки патаага жарагыдайсың. Камыңды жегин, эртең Лакшыга кетебиз. Өзүнүн майына өзүн кууруйт» дегендей, сени патаага алып барсак, таекем өзүнүкүн эмес, кайра сени союп, бизди узатат…»
Кудайберди тышка чыгып, агылдын эшигини илгичин илип бекитти. Үйгө кирсе, Зыйнат дасторконун жазып. күтүп турган экен. Кенже уулу күндүзү иттей чарчаганбы, айтор эрте эле томолонуп калыптыр бечара.
-Балдарга ысык суу кылып берсең болмок. - дедн Кудайберди дасторкондун үстүндөгү куру нан менен чайнектегн сары чайды көргөндөн кийин.
-Ахвалды көрүп туруп сүйлөй берет экенсиз да. Тырмактай гөш болбосо, казанга санымды кесип салмак белем? Же район жактан гөш сатып келбесеңиз. - Зыйнат ачуу сөздөрдү усталык менен жумшартып айтты. Антпесе, эринин пейилин жакшы билет: жини келгенде төбөсүнө данек чаккандан да кайтпайт. Жаалы тез.
-Өзүң көрдүң катын, бу айда 130 эле сом айлык болду. Беш жерге 100 сомдон 500 сом алып, патаага бардым. Кардыбыз ач, кийимибиз жыртык болсо болсун, амелеки карыздан кутулалы.
-Анавы Худайназарыңыздын хазыр бир да ават кийими калбады. Шымынын көчүгү, тизелери тешилди. Кечээ ушу ахвалда Хыдырназардын тоюна алып бардым. Барба десем, жерди тепкилеп ээрчиди даюс! - Зыйнат көзүнө чайыла түшкөн жашты эрине билдирбестен жоолугунун учу менен сүртүп койду. - Хайыр, худайым тынччылыкты берсин… Кудайберди эртеси үрөң-бараңда уйкудан туруп, амеки агасы менен бирге агылдагы тегерек куйруктуу токтуну жана райондогу базадан «сүйлөшүп» алып чыккан үч кийимдик кымбат кездемени алышты да, Лакшыны көздей батага жөнөп кетишти. Зыйнат аларды узатып койгондон кийин балдарына чай демдеп берди. Анан төркү үйгө кирип, бурчтагы темир сандыкты ачты. Кийим-кеченин арасына колун сойлотуп, баягы дептерчени издеп тапты да, эки жакка элеңдей ичин ачты. Көрсө, анда көптөгөн адамдардын аттары тизмеленип, ар биринин тушунда: «бир кой, бир кийимдик иши бар эле», же «мынча сом… пулу бар болчу» деп ачык-дааналап жазылыптыр, узун тизменин баш жагындагы беш-алты адамдын аты эми өчүрүлүптүр.
Зыйнат сүрдүү дептерченин ичиндеги жазууларды окугандан кийин төбө чачы тик туруп, жаны кашая, заманасы тарыды. «Бу жарык Дүйнөдө жетинип жашоо деген нерсе бизге насип кылбаптыр да. Алдагы узун тизмедеги карыздар өчүрүлүп бүткүчө өзүбүз да шорубуз куруп, бу дүйнөдөн армандуу өтүп кетебиз окшойт…» деп ойлонгондо көзүнүн жашы шыр-р этип агып кетти.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 10 Июнь 2014 - 16:48

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Topcubai   11 Июнь 2014 - 09:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

азаматсын автор бизге ушинтип жеткиликтуу кылып жазганын учун
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Feijipiao   11 Июнь 2014 - 17:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


ЧЫНЫГЫ БАКЫТ – ҮЙ-БҮЛӨ
Бир айылда чогуу өскөн үч бала ар дайым отуруп алып кыялданганды жакшы көрө турган. Ар биринин өз кыялы, келечеги боло турган. Ар бири бактылуу болууну самашчу, бирок бакытты ар башка нерседен көрүшчү. Биринчи бала бай болууну самап, коомдо байларга ар ким урмат кыларын, бардык ишти акча менен бүтүрсө болорун, акчалуу болсо бактылуу жашаарын айтып кыялданчу. Экинчиси болсо: «Таланттуу адамды эл сыйлап турат, таланттын артынан байыса да болот, эл ичинде сыймыктанган адам көп болот. Эл баалап турса, ошондон өткөн бакыт барбы?!» – деп калчу. Ал эми үчүнчүсү болсо: «Кийин чоңойсом, жакшы жар күтүп, үй-бүлө курсам, бардык нерсени чогуу чечип, турмуштун ысык-суугун бирге татып, бири-бирибизди туура түшүнүп жакшы жашасак, мына ошол чыныгы бакыт болсо керек», – деп айтканда, тигил экөө: «Байлыгың болсо, эл сыйлап турган адам болсоң, каалаган адамыңа үйлөнүп бактылуу болосуң да. Андан жакшы бир нерсе тууралуу кыялдансаң боло», – деп күлүп калышчу.

Ошентип, убакыт өтүп, тагдыр аларды ар башка жакка бөлүп кетет. Жылдар жылга алмашып, убакыт өтө берет. Тагдырдын буйругу менен баягы үч бала карып калган чагында кайрадан жолугуп калышат. Сурашып отуруп, бала чактагы кыялдарын эстешет. Ошондо биринчиси: «Мен кыялданып жүргөндөй көп иштедим, бай болдум. Бирок канчалык акчам көбөйгөн сайын, дагы көбөйсүн дедим. Күндүз тынчтык, түндө уйку көрбөгөн күндөрүм болду. Акча үчүн жакын адамдарды да сатканга туура келди. Бирок, бактылуу болбодум. Тиш кайрагандар, ишимди тартып алгысы келгендер көбөйдү. Балдарым болсо барга көнүп өстү. Акча деп жүрүп тарбиясына көңүл бура албадым. Азыр алар бирдеме болсом, баарын бөлүп кеткени турат. Айтор, бакыт акча-байлыкта эместигин кеч түшүндүм», – дейт. Экинчиси да өз арманын айтып: «Мен өзүм кызыгып жүргөндөй, чоң өнөрдүн ээси болдум. Эл аралап көп жүрдүм. Убагында баары сыйлап жүрдү. Бирок кийинчерээк жаңы таланттар чыгып, мен унутула баштадым. Эч ким карабай, эч жерге чакырбай калды. Дайыма эле кадыр-барк күтүп жүргөнгө көнүп калган адам аябай жалгызсырап калат экен. Үй-бүлөдөн да жолум болбоду. Жалгыз талант менен бактылуу болбойт экен адам», – дейт.

«А мен болсо, – дейт үчүнчүсү, – чыныгы бакыттын даамын азыр да татып отурам. Үй-бүлөм, балдарым бар. Жарым жакшы чыкты, балдарымды татыктуу тарбиялоого болгон күчүмдү жумшадым. Азыр бизди сыйлап улам бирөөсү келип сурап турушат. Неберелерим мойнума минип ойноп, кечке чейин чарчатса да, ошолорго өмүр тилеп, ыйман тилеп, кудайга ыраазы болобуз. Мына, чыныгы бакыт үй-бүлөдө дегеним чын чыкты»





Бакыт деген – адам өкүнбөй турган рахат .


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Feijipiao   13 Июнь 2014 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Ак тошок"

(аңгеме)

Олуттуу окуя той түнүнүн эртеси болду. Жаңы той жасаган кыз-жигит алигиче ордунан турушпай уктап жатышкан. Той түнүндөкү бой кошуу алар үчүн эч кандай кызык деле сезилген эмес, ак никеленип, адал бир жуп болуп баш кошкону болбосо мурдакыдан айрымасы жок, тескерисинче бул жерде кеч жатып, чоңдордон корунуп түзүк уктай алышпады. Шаарда болсо аларга жолтоо болгон киши жок, жатам дегененинде жатышып, турам дегенинде турушуп, өздөрүн ыракат сезишчү…

- Ай, балакай… келинчек ордуңардан тургула. Чоңдор төшөгүңөрдү көрөбүз деп жатышат?!…- деди. Эшиктен баш баккан жеңе алардын алиге чеин суналып уктап жатышканын көрүп, жеңеси кечте өз колу менен дайындап койгон суу менен чоң тепшинин ошол бойдон иштетилбей турганын байкап аларды шаштырды:

- Уят болосуңар тургула эми, тезден чайканып алгыла…

Алар ошондо гана эстерине келишип, шашылыш ордуларынан турушуп, олдоксон кыймылдап боюн сууга салышып, кийим-кечегин кийишип даяр болушту. Жигит али жакшы кургай элек ным чачын таранып сыртка чыкты. Алиги жеңе жаңы келинге жардамдашып дастагы сууну сыртка алып чыгып төктү. Ага чеин эле кызды жеткизип келген жеңелери, эжелери, уулдун энеси бир тууган эжелери болуп кыз жаткан үйгө киришти. Жаңы келин корунуп ным чачынын үстүнөн жоолугун эптеп салынып, этек-жеңин кымтынып тамдын бир бурчунда отурду бүжүрөп.

-Мынаке, көргүлө! — деп, алиги жеңе кыз-жигит жаткан жуурканды оодарып ача салды. Кыз-жигит үчүн атайын жасалган мамыктай жумшак кош кишилик төшөктүн бетинде кенедей да кыр жок, аппак төшөк аппак бойдон жаркырап көргөндүн көзүн уялтып, аялдарды айран таң калтырып турду…

- Апей төшөктө эч кандай белги жок да?!…- деп, кыйкырып жиберди аялдардын бирөө.

- Ээ,кокуй, кудагыйлар, бул эмне иш?- деп чочуп үн катты, жигиттин энеси.

- Чоң кудагый силер сыртка чыгып тургула, биз жеңелери кыз-менен жигиттен сурап көрөлү, азыркы жаштар той күнүнө деле үлгүрбөйт эмеспи?- деп кепти оңго бурап, ортолуктагы үрөй учурган таңыркоону бузуп жиберди кыз тараптан келген кеп ооздуу бир жеңе.

Кыз менен жигит шаарда кызматтанышат болучу. Алар шаарда оюн-зооктун үстүндө жүрүп таанышып, кол учун беришип сүйлөшүп, эрктүү түрдө махабатташып, анан көпкө узабай эле той жасоого бүтүшкөн. Экөө тең жогорку окуу жайын бүтүрүп келген студенттер. Алар таанышып той жасоого бүтүшүүдөн мурда башкалар менен аралашып, махабатташып көргөн тажырыйбалуу, кыйла эле чоңоюп калган жаштардан эле.

Бирок, кыз менен жигит таанышып, махабатташып, чыныгы той жасоого бүтүшкөн соң, мурдагы өтүп кеткен иштерди тергебей турган болушкан:

- Чынымды айтсам, ушул күнгө чеин сенден бөлөк бирөөнө мынчалык тартылып көргөн эмесмин…- деп, жүрөгүндөгү сөзүн айткан Талантбек.

- Менин жүрөгүмдү да сенден бөлөк бырөө мынчалык ээлей алган эмес…-деген, Таңнур дагы жылмайып.

Талантбек менен Таңнур экөө экы башка айылда туулуп өскөн. Талантбек -чоңбагыш, Таңнур- кыпчак уруусунан болчу. Алар мурда бет көрүшүп баккан эмес. Окууну бүтүрүп келип борбор шаарда чогуу кызматтанышып, сыртынан көз тааныш болуп той-тамаша, ойун-зоокто жолугушуп жүрүшсө да, чыныгы сыр чечишип, кеп күрмөшүп көрбөгөн. “Дидар кайып” дегендей болуп, алар ойдо жок бир орой менен таанышып калышты. таанышкан жерден тил табышып, экөө тең башы бош экенин билишип, ошондон кыйын ат изын суутушпай уландуу көрүшүп, издешип турушту. Алардын издеген жогу асмандан табылгансып, мурдараак таанышпай каяктарда каңгып жүрүшкөнүнө ичтен өкүнүшүп, анан кечигип болсо да бет көрүштүргөн тагдырларына миң ыразы болушуп, бир мүнөт айрылганга көздөрү кыйышпай, үзүлүп түшүп жакшы көрүп калышты.

Алар чоңойуп, бойго жетип калышкан кыз-жигит болгондуктан, жаш баладай тартынышып, назданып жүрүшпөй эле сүйүшкөн жерден жүрөктөрү кыналышып, жалындуу сүйүүнүн кызыгына батышып, күнү-түн дебей бирге болушуп, чогуу жашап калышкан. Анан алар той жасамак болуп жатышканын ата-энесине айтышып, алардын ыразычылыгын алышып, эки куданы бет көрүштүрүп, той күнүн бекитишкен. Той жасоонун алдында эле алар шаардан бийик кабаттуу үй алып, үйлөрүн заманга шайкештирип кооздоп жасатышып, бирге жатып-кооп жүрүшкөн. Буюрса той болуп, айылдагы тартиптер бүткөн соң, шаардагы жасалгалуу үйлөрүнө келип,өмүрдүн жыргалын сүрмөк болушкан.

Той берекелүү күз айларынын касиеттүү күнүнө туш келди. Уул тарап той камылгасын толук бүтүрүп, убада бюнча ишемби күнгө тууралап, кыздын үйүнө кудалыкка барды. Алардын дайындыгы толук, ээн баш уулунун көзүнө карап, анын кайдан болсо да өзү сүйлөшүп түгөй таап, оозунан “той жасайм”деген сөздүн чыгышын узунтадан бери күтүп жүрүшкөн. Мына эми бүгүн аралыгы күнчүлүк алыс жол болсо да, кудалашкан жери илгери көз көрүп, кулак укпаган кишилер болсо да ак же көк деп сыныгын чыгарышпай, мулжулуңдашып кубанышып, айтылуу кыпчак элинен кыз алмак болуп кудалап келишти. Эки журттун салт-санаасы окшош болбосо да кудалар өз ара тил табышып, эч кандай көңүл оруутулар болбой, той каада-салты менен дууманды өттү. Ошентсе да кечки ойнотордон кийин кыз менен жигитке байланыштуу бир кызыктуу окуя болду. Кыпчак уруусунун кыз чыгаруу салты боюнча кыз тарап кечте кыз менен жигитти “жаткызабыз” деп туруп алышты. Ал эмы чоң багыштар болсо кызды үйүнө көчүрүп барып никесин кыйдырып, ак төшөккө жаткызып, эли-журт, колум коңшусун чакырып, жаңы келиндин абийирдүү, ыймандуу чыкканын куттуктап, кыздын урматына деп чакан той берет болчу.

Ошентип ойнотор соңуна чыккан соң айылдын жаштары “кыз менен жигитти жаткырсын” деп, тамаша көрмөк болуп дүүлүгүп турушту. Салт боюнча кыз менен жигитти жаткызып, кыздын абийрдүү чыккан чыкпаганын элге жарыялаш керек. Эгер кыз абийирдүү чыкпай калса, уул тарап тойду токтотуп, берген калыңын жандырып алып кайтып кетишмек. Муну кыз тарап деле мойнуна алмак, айылдын салты ушундай, мындан эч кимдин орунууга акысы жок. Бирок, ал күнү кыз менен жигит бүтүшүп алышкансып “жатпайбыз”деп такыр көнбөй коюшту. Бул маселени кандай бир жаңсыл кылууну билбеген жеңелер кеңеш сурамак болуп чоңдордун алдына барышты.

- Бизде салт ушундай, кызыбызды төрүбүздө сындан өткөзүп, колуңарга абийири менен сак тапшырып беребиз..-деди, кыздын энеси эч нерседен камырабай. Эне кызынын актыгына абдан ишенет болчу.

- Кызыңарга ишеним көрсөткөнүңөргө чоң ыракмат, сылерден ыраазыбыз, кудагый! Келинди үйгө алып барып, атайын арнап жасап койгон ак төшөгүмө жаткызып, мен дагы эл-журтумдун алдында бетимди жарык кылайын. Кызыңыз абыйирдүү чыкса кайдале болсо сиздин сыймыгыңыз эмеспи?…- деди, жигиттин энесыи да ыраазычылыгын билдирип.

- Кыз менен жигит да бүгүн жатканга көнбөй жатышат, алар дос-курбуларынын алдында кыжаалат болуп жатышса керек?…- деди, ортолукта кыздын бир жеңеси.

- Бул кыжаалат боло турган иш эмес, жаштардын эркине коё берсе салттан чыгат. Кыз деген элдын бүлөсү, кыз чоңойткон адам кызын ар-намысы менен адалдап тапшырып бербесе, кайын журтуна барганда кор болуп калабы деп кабатыр боло турган кеп…-деп, кыйытып сүйлөдү кыздын энесы.

- Кабатыр болбоңуз, кудагый, “эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал” дейт, сиздин салтты бек кармаган асыл жан экениңизден кызыңыздын бетибизди жарык кыларына ишендим… кызыңыз эч качан кор болбойт.-деди, жгыттын енесы сөз берып. ошону менен сөз бүтүп, Таланбектин ата-энеси каадалуу жерден кыз алганынан аябай ыраазы болушуп, келинди кастарлап үйлөрүнө көчүрүп кетишкен.

Ошол ошол болуп, бүгүн жаңы көчүрүп келген келиндин урматына деп, Таланбектин ата-энеси колум-коңшусун, айылдагы жакындарын койбой чакырып той бермек болуп жатышты. Салт боюнча кыз-жигит жаткан төшөктү талаага алып чыгып, элге ашкере көрсөтүп жайып коюшмак. Тойго келгендер төшөктөгү кыздык белгини көрүп, жаңы келиндин абийирдүү чыкканынан сүйүнүшүп, ак тилектерын айтып куттукташмак. Бирок, ал күнү ойлобогон жерден кыз-жигит жаткан төшөктүн бетинде эч кандай белги жок, ак төшөк аппак бойдон жаркырап, төшөк көргөнү кирген аялдардын үрөйүн учуруп турду.

- Бул эмне болгону?… сүйлөбөйсүңбү? - деп тамдын булуңунда бүрүшүп олтурган кызды суракка тартып жатты жеңеси.

- Билбейм…-деди, Таңнур башын жерден көтөрө албай алсыз сүйлөп.

- Кандай билбейсиң? Мурда бирге болгон белеңер?

- Ооба…

- Бетбак десе, ушундай күндүн болорун ойлобогон белең? Ата-энеңдин төрүндө болгондо баарыбызды карабет кылмак экенсиң…-деп жекирди, кыздын жеңеси. Ошонтсе да ал бир акыл тапкансып, акырын ордунан туруп сыртка чыкты. сыртта аны жигиттин үйүндөгүлөрү чыдамсыздык менен күтүп атышкан.

- Кызыбызда күнө жок экен, иштин жагдайын уулуңардан сурагыла…-деди, Таңнурдун жеңеси, өзүнө тешиле карап турушкан кудагыйларга кыска жооп берип.

- Бул кандай сөз, абийирин бек сактамак кыздан да, эми эл-журтка эмне дейбиз?- деди, жигиттин бир эжеси.

- Азыркы жаштар той жасоонун алдында эле бүтүшүп болот турбайбы, өздөрү ыраазы болушкан соң мейли да…-деди, кыздын жеңеси актанып.

- Чакыргыла тигил шүмшүктү, сурап көргүлө ачыгын…-деп ачуулуу сүйлөп, терс бурулуп басып кетти, Талантбектин энеси.

Эми кезек Талантбекке келген болчу, аны чакыртып кирип жеңелери андан кеп сурап жатышты:

- Аялың менен мурда бирге болгон белең?

- Ооба…

- Кыз бекен?

- Билбейм…

- Билбей туруп кандай алам дейсиң?

- Жакшы көрүшсөк эле болбодубу, анын эмне зарылчылыгы бар?…

Талантбектын акыркы суросунан анын сөзүн угуп аткан жеңелери уккан кулактарына ишенишпей нес болуп катты да калышты. Талантбек ошол сөздү айтып болуп, алардын таңыркоосуна маани бербей артына кайрылып талаага чыгып кетти.

Тойдун даамы дайар болуп, көпчүлүккө тартыла баштады. бирок, алиге чейин кыз менен жигит жаткан төшөк талаага ашкере жайылбай кечеңдеп жатты. Үйгө кирип-чыгып жатышкан катын-калач күбүрөп-шыбырашып, жууркандын жайылбаганынан улам күмөнсүнүшүп, ушак-айың тарата баштады. Жууркан жайылбай калса жаңы келиндин абийирсиз чыкканы маалым болуп, той берип жаткандардын бети түшөт, аны эч кандай себеп менен түшүндүрүүгө болбойт. Ал эмы аппак жуурканды аппак бойдон жайып койсо келинге <<кесим> > чыгарганга барабар, нике бузулат, кыз жеткизип келгендер кызын төркүнүнө алып кетпей амалы жок. Ошентип бул маселеге кыз тараптын же уул тараптын жеңелеринен эч ким батымдуулук кылганга далалат жасай алышпай чоңдордун оозун карап тунжурап турушту.

- Эне, кантебиз?- дешти Талантбектин эжелери баятан анын айткан сөздөрүн энесине маалымдашып. Бул үйдө ушул кемпирдин айтканы айткан болот, анын абышкасы да кемпиринин сөзүнөн чыкпайт, Ар кандай маселеде ушул кемпирдин өкүмүсүз куурай сынбайт бул үй-бүлөдө.

- Жайгыла төшөктү…- деп корс этти, көпкө чейин ээгин жөлөп үнсүз олтурган кемпир бир окумда чарт этип жарылып:

- Ошол бойдон элеби?- деп сурашты. Кыздары сөз анык болуп турса да ишенкире беришпей.

- Ооба, ошол бойдон, аппак төшөктү аппак бойдон ошондойунча көрүнүктүү жерге жайгыла…

«Айткан сөз- аткан ок», кеп бүттү. Уулдун жеңелери кыз-жигит жаткан тойлук төшөктү короого алып чыгышып кермеге кере жайып асып салышты. Атайын жаңы келинге деп жасаган кештелүү чоң төшөктүн бетинде кыпындай да кыры жок ай жүзүндөй аппак болуп, күн нурунда чагылышып ансайын жаркырап турду…

- Аттиң арман десе! Келиндин такымы канабаган экен…

- Тексиз жердин кызы экен да чунак?

- Эми төркүнүнө кетирет экен да бейбак кызды…

- Кеткен менен эле иш бүтөбү? Ар эки тараптын бетине чиркоө болду да шоруң каткырдыкы…

Тойго келген айыл-ападагылар ушундайынча жан кейиткен ачуу сөздөрдү айтышып, акырындап тарап кетип жатышты. Жаңы келинди көрөбүз деп дүүлүгүп турган аялдардын демдери сууп, абийирсиз келинге эмне деп сөз таап айтыштарын билбей, ага-буга шылтоолоп, үй еесыне кош да айтышпай уурданып терс бурулуп кетип жатышты.

“Той” тарап, эл аягы басыккан кезде Талантбектин ата-энеси аны алдына чакыртып кирип, акыл-сөздөрүн айтышты.

- Өзүнүн ар-намысын, кудай берген аманатын куттуу күнүнө чейин сактай албаган кыз сага түбөлүктүү түгөй болуп жарытпайт, уулум. Бүгүндөн калтырбай шаарга алып кирип үй-жайыңды бөлүштүрүп, алам дегенин берип ыраазы кылып жолго салып кой — деп, кепти чорт үздү энесы.

- Уул балага деген катын жолдо, бала белде уулум, калыңдан камсанаба, алтын башың аман болсо бул жолу абыйирдүү жерден кыз алып беребиз…-деп уулуна дем берди, анын атасы.

Талантбек дагы эле үндөгөн жок, анын кабагы салыңкы, кимдерге капаланып жатканы белгисиз. Бир ооз ак же көк деп ырайын билгизбей шымаланып ордунан туруп талааны көздөй басты. Кыз жеткизип келгенедер Таңнурдун эмирек-семирегин жыйнаштырып, кетүүнүн камылгасын кылып жатышты. Иштин мындай болорун алар да ойлогон эмес, эгерченде алардын төрүндө ушул маселе көрүлсө, алар деле ушундай кылмак. Эмики кеп, эки жашты өздөрү каалашып бүтүшкөн жумуштарын эң соңунда дагы эле өздөрү кандай жыйнаштырар экен деп, аз да болсо үмүттөрүн ошолорго байлагандан башка аргалары да калбады.

Талантбек Таңнурду жеңелери менен кошуп жеңил машинага салып, эрте пешим менен шаарга жетип барды. Алар эч жакка кайрылбай тойдун алдында эле дайын кылып коюшкан баягы жасалгалуу үйлөрүнө барышты. Кыз менен жигитти үйлөрүнө киргизип коюшуп, кыз жеткизип келгендер күндүн кеч болуп кеткенин шылтоолошуп, көчүк басып олтурганга даай алышпай шашылышып, ошол эле күнү айылга кайтып кетишти.

Күн кеч кирип, айлана тез эле түн жамынды. Талантбек менен Таңнур эчак эле түтүн булатып, бирчама жылытып койгон үйлөрүнө жетип келишип, кадимки эле эрлүү-зайыптуудай болушуп эч нерседен корунушпай эмин да, эркин, өздөрүн жайдары сезишип, азын-оолак окаттанышып, эртелеп орун салып жатып калышты. Алар артыкча эч нерсени ойлошкон жок, “өткөн иштерди тергебейбиз…”деген убадаларында бек турушуп, айтышпай айыпатарын билишип, “абийир”жөнүндө кайра сөз конго далалат кыла алышпай ичтеринен тынып тим болушту. Ошентсе да Талантбектин эмнегедир ал түнү уйкусу келбей бир оокумга чейин караңгы үйдүн устунун кадала тиктеп, айылдагы ошол кермеге кере жайылган аппак төшөктүн аппак бойдон жаркырап көздү уялтып турган элеси көз алдынан кетпей оң-солуна ооналактап, уктай албай онтоп жатты…


Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Июл 2025 20:50

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: