Суперстан: Ангемелер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ангемелер.

#261 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Пастык келин

Эсимде, ошол жылдары биздин айылдын жигиттерине жин тийгендей кыз ала качмайды адатка айландырышты. Жин тийгендей дегеним, биринин артынан бири үйлөнүп, болгондо да тааныбай, билбей, жолдон эле бөктөрө качып, далай кыздын убалына калышты го боз балдар. Ошол боз балдардын шарына менин Жанарбек акем да кошулду. Акем дегеним атамдан улуу агамдын уулу, бирок бир үйдө чоң энемдин колунда чоңойгон үчүн бир туугандай ынак элек. Бир күнү кечке маал эле Жанар акем өрөпкүп тээ айылдын четиндеги Маматжандын тоюна кеткен. Анан эле түн жарымда иттерди ызы-чуу түшүрүп бир топ бала топурап кирип келишти.
– Ботом, тынччылыкпы? -деди апам ордунан тура калып үрпөйө.
– Тынччылык, чоң апа, тиги Жанарга кыз ала качып келдик, сизди Шарапат чоң апам чакырып жатат.
– Ай, чечектер, дагы кимдин убалына калдыңар?
– Убалына калдыңар дейсиз да, бактысын ачтыңар десеңиз,-деди эрдемсинген балдардын бири тапандана. Маасысын кийип жаткан апам эми эле балапан түк муруту кылайган тигил баланы ушундай бир кыжаалат болгон, жактырбаган, ошол эле учурда баласынтып аяган көз менен карап алды да, анан чапанын шаша кийип топураган балдар менен чыгып кетти.
– Апа, мен да барам,-деп кошо тура умтулдум эле апам көзүн чакырайта карап, алда неге ачууланган, зээни кейиген көз караш менен барбайсың дегендей тыйып койду.
Ызалана кала бердим. Бирок адатымча эркеликке салып ээрчип алууга бул көз караш жеткирбей, менин эркелигимден же кадимки келин келген тойдон алда канча маанилүү бир окуя болгондой каяша айтууга даай албадым.
Апам түшкө жакын келди.
– Апа, келин сулуу бекен?-дедим дароо эле.
– Сулуу экен шордуу,-деди апам суз.
– Эмнеге шордуу?
– Шордуу эмей эмне, кимге, кандай жерге, кандай адамга туш келгенин билбесе, бирин-бири тааныбаса.
– Баары эле ошентип ала качып алып атпайбы, ары акем жакшы,-дедим чычалап.
– Акең го жакшы...
Апам бирдеме айтчудай оозун таптап барып анан “сен эмнени түшүнмөк элең” дегендей кайдыгер кол шилтеп тиричилигине киришти. Ошол күнү кечке кыйпычыктап, тиги келин келген чоң үйгө баргым келип, бирок апамдын бүркөө кабагынан батына албай жүрө бердим. Кечке маал апам:
– Жумагүл, жүр, чоң апаңдыкына барып келели. Кудагыйлар келди окшойт, бир автобус адам келип түштү,-деди санаалуу.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Апамдын санааркаган жүзүн көрүп мен да тынчсыздана түштүм. Ай ушу апам, жарыктык ал киши басканда артынан чуркап эле каласың го. Энтигип жетип барсак ызы-чуу. Аялдар кызды алып кетебиз деп жулунуп, байкуш биздин туугандар, айрыкча Жанар акемдин атасы Асылжан агам жулунган ар бир аял-эркектин көзүн карап бозоро кечирим сурап, курун мойнуна салып алып кулдук уруп жүрөт. Агамды карап туруп зээним кейип кетти. Адатта тойдо адамдар жаркылдап, келин менен күйөө бактысынан тамылжып турчу эмес беле. Бул жолу ууруга куугун келгендей абал коркунучтуу да, уяттуу да эле. Айрыкча бир аял кой-айга көнбөй, аксакал, улуу-кичүү дебей беттен алып ажылдап жатты. Кубасынан келген аялдын жүзүндө да, көзүндө да мээрим жок болчу. Апам мени ары жетелеп кирип кетти. Шарапат чоң апам бизди көрүп токтоо учурашты. Кандай абал болбосун бир калыбынан жазбаган ошол кербез байбичени азыр да эстеп таң берем.
– Кел, Жумаш, айланайын, келин көргөнү келдиңби? Кир жеңеңдин жанына кире гой,-деди мен эмнени дегдеп турганымды айттырбай сезип. Апам экөө башы бириге алда нени шыпшына шыбырашып калышты. Мен төркү үйгө кирип кеттим. Төргө кыпкызыл көшөгө тартылып, көшөгөнүн сыртында биздин туугандардын келин-кыздары тизилип отурушуптур. Баарынын жүзүндө кубаныч менен кошо алда кандай кооптонуу бар эле.
– Ии кыз, кел,-деди чакчаңдаган Урпия жеңем. Айылда ким кыз ала качпасын ушул жеңебиз сөзсүз аралашат. Бир паста эле ары-бери кылып тааныштырганга, жүүнү бош, кызга эби жок боз балдарга ортомчу түшүп кыз тапканга маш. Келиндин жанына кирип-чыгып, келген-кеткенди тейлегенине караганда Жанар акемдин кыз ала качуусуна да катышкан го кайран жеңе.
– Көрүндүгүң барбы?-деди ал агы кызыл тартып ойноктогон көздөрүн мага кадай берип. Атам ушул жеңебизди жактырбай “жинди көз” деп койчу, анын ойноктогон шок көздөрүн карап туруп атамдын ошол сөзүн эстеп кеттим.
– Бар,-дедим апам койнума салып берген бир байлам жибек жоолугумду чыгарып.
– Ии, тил билги абысыным билет да кандай көрүндүк беришти, кытайдын жибеги тура,-деди ал жоолукту колумдан ала салып. Анан:
– Бас, кир,-деп жоолукту өзү кармап алдыга жол баштады. Жыйылган жүктүн бурчунда ак жоолукту көзүнө түшүрө салынып отурган келинге дароо көзүм түштү. Ал ордунан тура калып, анан кичинекей мага же жүгүнөрүн, же унчукпай коёрун билбей туруп калды. Урпия шыпылдап:
– Бул мугалим абысынымдын улуу кызы, жеңемдин урматына жүгүнүп кой,-деди. Аппак жүзү албыра жүгүнүп жаткан жеңеме эмне дээримди билбей аптыктым. Жеңем чын эле сулуу экен. Аппак жүзүнө капкара кашы, кырдач мурду, айрыкча элегей тарткан карагат көздөрүн суу жээгиндеги камыштай кайрылып курчап турган кирпиктери көрөшөм эле. Бою да биздин айылдын кыз-келиндериндей кичинекей болбой куду чоң суунун боюндагы солкулдаган ноода теректердей узун да, келишимдүү да экен.
– Рахмат, жеңе,-дедим башка сөз таппай.
– Кудай жалгасын десеңиз, ай мугалимдин кызы. Каада-салт дегенди үйрөткөн эмес го жеңем,-деди Урпия жеңем шакылдап.
Эгер азыркы куракта ушул сөз айтылса “качан каада-салтта кыздын көңүлүн, эркин сурабай малчасынан бөктөрө качкан бар эле, кыргыз деген улуу эл эркти, сөздү, көңүлдү туу туткан эл эмес беле. Сендейлер баарын талкалап жатат” демекмин. Анда болсо ары жаңы пастык (шаардын кыздарын пастыктар деп коюшчу) жеңенин сулуулугунан, ары шакылдаган Урпиянын демиткенинен мурдум тердеп унчукпай турганыма азыр ичим бышат.
Сыртта эмне болуп жатты билбейм, айтор, бир кезде апам кирди да:
– Ай, Урпия, сенде да кыз бар, ушул кыздардын биринин тагдырын алардын башына салгылык кылбасын. Сен алып келген кыздардын көп болсо эки-үчөө тынды, калганынын тагдыры талкаланып, ажырашып кетишти. Бул кыздын да убал-сообу сенин мойнуңда. Ата-энесин го жайгардык, кийинкиси жакшы болсун деп тиле,-деди зекип. Апамдын бирөөгө минтип катуу айтканын, мынчалык ачуусу келип кызаңдаганын эч көрбөгөм. Урпия жеңе кыпкызыл болуп туталанып, апама кеп кайрый албай кайсактап, эми эле ушул үйдүн кыйыны болуп жаткан неме кыйпычыктап калды.
– Бас кеттик, биздин кыла турган ишибиз жок,-деди да мени алдына салып алып чыгып кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жолдо баратып:
– Апа, эмне анчалык Урпия жеңени кактыңыз? Жеңе сулуу экен, ары жакшы да окшойт, мага жүгүндү,-дедим жүрөгүмдү сөз менен жеткирип айта албаган жылуулук, сыймык аралап.
– Жерден боорун көтөрө элек сага эмнеге жүгүнөт, ботом?
– Билбейм, Урпия жеңем “мугалим жеңебиздин кызы, апасынын урматына жүгүн” деп жүгүнттү го...
– Өлүгүңдү көрөйүн обу жок кайсар, урматты эмне кылат экен, адам урматын билбеген каада-салтка айланабы?-деди силкинип.
Ошондон бир айдай убакыт өткөндөн кийин Шарапат чоң апамдыкына апам экөөбүз бир чара аш демдеп алып келин көргөнү дагы бардык. Биз барганда пастык келин сыртта короо шыпырып жүрүптүр. Аппак жүзүнө ак жоолугу куп жарашкан келиндин бели да бир тутам болуп, бою башкача сындуу экен. Ал коргондон кирерибиз менен утурлай басып келип жүгүнүп учурашты.
– Кудай жалгасын айланайын, кем болбо, бактың ачылсын,-деди апам ыраазы боло. Анан ал апамдын артында турган мени карап жарк эте күлүп, негедир жаш баладай көз кысып койду. Көз кысканда кирпиктери куду уча качкан чымчыктын канатындай дир этип серпилип алып, анан кайра капкара каректерин көшөгөлөй жаап ары бурулуп, апамдын башына коюп алган чарасын алды.
– Үйгө кириңиздер, -деди акырын. Үнү да коңгуроодой жагымдуу экен.
– Жеңем үйдөбү?-деди апам чоң апамдын ары-бери басып жүргөнүн көрүп туруп анан келе жатсак деле. Сыягы жаңы келинди кепке тартуу үчүн эле ошентип койду окшойт.
– Ии, үйдө,-деди пастык келин акырын.
Ал шыпылдай жол баштап эшик ачып бизди киргизип, анан очоктун жанында күймөнүп калды.
– Бар, сен жеңеңе жардам бер,-деди апам мени. Мен ансыз деле жеңемдин жанына баргым келип тургам. Дароо чуркап кеттим. Ал очоктогу отту күйгүзө албай убараланып жатыптыр. Жеңем жоон отундарга улам керосинди жаба куят, ал дүрт этет да, анан керосин кургаганда эле кайра быкшып өчүп калат.
– Келиңиз, мен жагайын,-дедим тарткынчыктай.
– Ии жакшы болбодубу, ушу от жага албай койдум,-деди келин уялыңкы күлүп. Алоолонуп күйүп чыккан отту карап туруп жеңем оор улутунду да:
– Карачы, сен жаккан от кандай сонун күйдү. Биз бала кезде ушинтип лагерде “эр от” жакчубуз. Ойлоп көрсөм андан бери көп убакыт өтүптүр, бирок кечээ эле болгондой,-деди отту ойлуу карап.
– Эр от эмне?-дедим билбегениме уялып.
– Эр от деген талаага жагылган от. Илгери согушка аттанган эрлер жаккан үчүн эр от деп коюшкан тура,-деди астейдил.
– А сиздер да согушка бардыңыздар беле? - Жеңем күлүп жиберди. Күмүштүн чачыласындай күлкүсүн оозун баса салып тыйды да:
– Жок, талаага от жаккан үчүн эле “эр от” деп атачубуз, илгери баатырлар талаада, ээн жерде жагышкан да. Биз да лагерде талаада, суунун боюнда же токойдо жакчубуз, - деди.
Анын ууртундагы бармак басым чуңкурунун чуңкурайып турганынан улам дагы эле күлүп, бирок анысын күч менен тыйып үн чыгарбай турганын байкап уялып тердеп кеттим.
– Мен лагерге барган эмесмин,-дедим акырын, анан -биз жакта лагерь жок,-деп кошумчалап койдум. Эр отту билбегенибиздин себебин ушул сөз менен айткым келди. Аңгыча жаныбызга Жанар акем басып келди. Анын келе жатканын көрүп жеңем чиедей кызара албырып кетти.
– Кел, Жумаш.
Жанар акем мени менен учурашканы менен жеңемди көз албай карап турду.
– Келдим,-дедим эмнегедир кысына.
– Үйгө кирбейсиңби?
– Мага от жакканга жардам берип жатат,-деди жеңем дагы эле кызарып.
– Карачы, жеңең от да жага албайт, эрте менен болсо калчылдап үшүп тиги Мержан сакоодой болуп сүйлөй албай калат.
Көз алдыма чачы агарып калса да тилин чайнап сүйлөгөн, көзү кыйшык, буту аксак, үстүнөн жыртык, кир купайке түшпөгөн Мержан келип, ушундай сулуу келинди ошого салыштырып жатканына, ары жеңемдин ошентип сүйлөп калганын элестетип күлүп жибердим. Акем бул сөздү шылдыңдап эмес дили төгүлүп элжиреп айтты. Экөө бири-бирине тартылып, көзгө көрүнбөгөн жип менен байланып тургандай сезилди.
Атаганат, бирок бул дил төгүлүү, байлануу узакка созулбады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Кийинки тагдыр сулуу пастык келиндин уулу тууралуу болмокчу. Баса, келиндин аты да эсимде жок, анткени эч ким атынан айтпай «пастык келин» дешчү. Тагдырдын тамашасыбы же табасыбы, кийин анын уулунун да атынан Белек деп айтпай «жетим» деп чакырчу болушту. А мен жетим дегим келбей тек гана бала деп атадым, анткени ал күнөөсү жок БАЛА эле…
Мындан аркы тагдыр бала тууралуу болмокчу.
Бала чоң атасын көптөн бери күтүп жатат. Кыштын ызгаары кичинекей арык денесин көзөп баратса да чыдап, чоң атасын күттү. Өгөй эненин жеп жиберчүдөй атып караган муздак көздөрүнүн алдында кыш ызгаары кеп эмес, бул сууктан денең гана үшүйт. Оо, өгөй эне караганда барбы, тим эле жүрөгүң кошо калтырайт. А чоң атасы келгенде өгөй эне заар көздөрү менен жекире карашы карайт дечи, бирок чымчып, урууга батынбайт.
Чоң энеси барда кандай жакшы эле. Канчалык эркелесе да эч ким эч нерсе дечү эмес. Чоёктогон баланы өгөй эне ошондо эле жеп жиберчүдөй караса да, балага тиймек түгүл катуу уруша алчу эмес. Анан да чоң энесинин чөнтөгүнөн эч качан таттуу үзүлчү эмес эле. Төрдө кекиликтей койкоюп отуруп алып ийик ийригенче балага не бир сонун жомокторду айтып берчү. Ошондо чоң энесинин арык тизелерине башын коюп таттуу жеп жаткан бала очок боюнда жүдөп-какаган өгөй энесинин коңкойгон мурдуна, чуңкурайган көздөрүнө карап, эми эле уккан жомоктордогу жез кемпирлерди элестетчү. Ал тургай бир жолу чоң энесинин кулагына акырын «эне, жез кемпирлер жеңеме окшошпу?» дегенде чоң энесинин байкатпай нукуп койгону эсинде. Ошондо эле өлөрүн билди бекен? Болбосо угуза эле «ооба» демек. Анткени чоң энеси эч кимден коркчу эмес. Айылдагылардын баары кайра чоң энесинен коркчу. Кандай иш кылышса чоң энесине келип кеңешип кетишчү эмес беле. Өлөрүн билип «мен өлгөндө урбасын» деген го. Ошондо угуза айтпаса деле баары бир азыр жеңеси аябай эле урат. Абасы (бала өз атасын аба деп койчу) негедир анын баланы урганын көрсө да көрмөксөн.
Бала өзүн төрөгөн апасын элестетүүгө тырышты. Канчалык элестетейин десе да, негедир жандуу элестете албай койду. Анткени апасын сүрөтүнөн гана көргөн. Сүрөттө ак жуумал жүзүнө коюуланган карагат көздөрү, кырдач мурду абдан жарашкан, карлыгач каштарын азыр эле серпип күлүп жиберчүдөй сүйкүмдүү тигилген жаш келин жайдары карап турат. Чоң энеси барда сүрөттү капарына алып карап деле койчу эмес, азыр чоң энеси «конфет саласың» деп тигип берген төш чөнтөгүндө жүрөт. Эч кимге байкатпай кез-кезде карап жеңесинин ургандарын, бешке чыгып калса да баспаган митаам кызын көтөртүп койгонун, ошондо аябай белинин сыздап ооруганын, ал тургай уктап атканда да, артында бирдеме жармашып жүргөндөй сезилип кыйналганын сүрөткө айтса кадимкидей жеңилдеп калат. Мурда чоң энеси тирүү кезинде үйдө эч ким жокто улакта аттан жыгылып өлгөн абасынын сүрөтүн карап көпкө телмирип отурчу да анан оор үшкүрүп «шумкарым, учуп келдиң да учуп кеттиң. Топту жарган күлүк ат менен толукшуй кийингенден башка эмне көрдүң бул жарыктан? Дуулдаган көпчүлүктү, жасана кийингенди жакшы көрчүсүң. Деги эле жашоону, сулуулукту элден башкача сүйчүсүң. Эрте эле өлөрүңдү сездиң бекен кулунум?» деп өзү менен өзү сүйлөшүп, жан адамга сыр алдырбаган кербез байбиче энелик күйүтүнө чөгүп, заматта муңдуу карып кемпирге айланып, анан ошол карып кемпир абалында көпкө бүк түшүп отурчу. Андайда чоң энеси ийигин да, керели-кечке алдын кургактап, жериген энесин тилдеп, упчу менен сүт берген козу улагын да унутуп, түйшүктүү дүйнөсүнөн эскерүүгө көчүп кеткендей баланын али жүзүн көрө элек апасынын сүрөтү менен да сүйлөшчү. «Шордуум, жанда жок ак көңүл, момун жан элең. Ошол момундугуң башыңа жетпедиби. Бирөөнүн тилине кирбесең балам ыраңы суук, тили заар зайыпка кор болмок эмес. Эмгиче үй толгон балалуу болот элеңер. Өзүңө окшогон сулуу кыздарды, балама окшогон өжөр, тентек уулдарды төрөмөксүң» деп сырдашып калчу. Бала апасы эмне үчүн кеткенин, абасы эмнеге жез кемпирге окшогон жеңесине үйлөнгөнүн түшүнчү эмес. Деги ушул чоң адамдар кызык, баары колунан келет да, анан өзү каалаган нерсени жасап, өзү каалагандай жашай алышпайт. Абасы деле өкүнөт болуш керек.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бир жолу жеңеси апасынын сүрөттөрүн альбомдон сыйрып атканда абасы келип калды. Ал оболу ыйык буюмуна суук кол киргендей селейе саамга ордунда катып, анан эсине келе жеңесинин колунан альбомду жулуп алган. Жеңеси уялып калмак түгүл долуланып «али ууру шуркуяң эсиңен чыкпаптыр да. Сени да кошуп уурдап кетсе болмок экен» дегенде абасы жеңесин жаактан ары бир тартып, анан эшикти тарс жаба сүрөттөрдү көтөрүп чыгып кеткен. Ай ошондогу жеңесинин ок жеген аюудай айкырып өмүрү көрбөгөн күндөшүн жер жеберине жеткире каргаганы! «Шуркуя, ууру. Жакшы болсоң эки айлык ымыркай балаңды апаңдан берип жибермек эмессиң. Жок дегенде өз колуң менен алып келип тапшырып кетмексиң. Шуркуя, сен таштап кеткен таштанды балаңдын кирин жууп, нанын жаап отурсам дагы мен жаманмын» деп өзүн-өзү ургулай чачын жулуп ыйлаган. Бала жеңесинин заар үнүнө уугуп үйдөн чыга качкан. Сыртка чыкса абасы короонун артындагы чөп үймөктүн алдында сүрөттөрдү карап отуруптур. Артынан барарын барып алып кете албай кылчактап калган баланы абасы күнөөкөрдөй пас үн менен жанына чакырды да, анан чоң киши менен сырдашкандай: «Апаң (абасы ошондо баланын али өзү жүзүн көрбөгөн апасын биринчи да, акыркы да жолу апаң деп атады) өлүү буюмду эле эмес, менин жүрөгүмдү кошо уурдап кеткенин бул бечара кайдан туйсун. Мындан көрө өзүмдү уурдап кетсе мага жеңил болмок, мындай өзөгүм сыздамак эмес. Курсагынын тогуна, эрлүү катын экенине сыймыктангандан башканы билбеген тиги жеңең байкуш эмнени түшүнмөк эле» деди да саамга башын салаңдата мүңкүрөй отуруп калып кайра күңгүрөнө кобурады, бирок балага апаң деп кайра айтканга батынбады көрүнөт: «Ал атайылап анткен жок, өзөгүн өрттөгөн күйүттү бирдеме менен басуу керек болчу. Аял да, өлүү буюм менен биздин ичибизди ачыштырып, ошонусу менен өч алам деген го». Ушу азыр өзү үчүн да, бейкүнөө бала көрбөгөн апасы үчүн да кечирим сурап актанып жаткансыды. Биринчи жолу баланы мээрим төгө эркелетип айдар көкүлүнөн сылап, анан буюгуп бараткандай кайыша оор үшкүрбөдү беле... Бала ошондо абасына ыктай берип негедир өрөпкүй, жүрөгү белгисиз кайгыдан кысылып чыккан. Ал тургай ошол күнү абасынын ооруп калып, көпкө төшөк тартып жатканы али да эсинде.
Кызык, жеңеси "баланы таштап кетти" дейт. Ташталбай эле чоң энеси менен жүрбөйбү. Анан да апасы эмнени уурдады болду экен? Бирдеме керек болсо сурап эле албайбы. Сураса чоң энеси бермек. Айылдагы башка эле бирөөлөр деле чоң энесинен эмне керек болсо сурап алып кетишчү эле. Бир жолу чоң энесинен:
– Эне, апам мени таштап кеткенби?» деп сурады.
– Ок, башың өскүр, эмне дейт? Тирүү адамды да таштап кетчү беле. Ким айтты сага? - деп чочуп кетти.
– Бая күнү абам менен жеңем сүрөт талашып урушканда жеңем айтты. Анан мени төрөгөн аялды ууру деди.
– Аа, оозуна алы жетпеген байкуш. Бирөө өлбөсө бирөөгө күн жок, ал кетпесе бул шордууну ким алмак экен. Ал уурулук кылган жок, өз акысын, өз тиешесин алып кетти. Болгону ызасына ууккан жаш неме бирөөнүн тилине кирип эч ким жокто өзү билемдик менен сепке келген төшөк-жуурканынын пахтасын чыгарып салып алып кетип калбадыбы. Чырайы шору болду шордуунун. Абысындары эле сулуулугун көрө албай ушуну кылышты. Капырай, күндөш күйүкчү эле сулуулукка, бул шордуунун абысындары күйүктү. Кийинки кезде бирдемеге туталанып жүргөнүн байкасам да маани бербей койбодумбу. Желмаяндай Калыянын жакын болуп кеткенин сездим эле. Желмогуздун куйтулугун кантип байкабай калдым көзүм кашайып. Бир ооз эле «мени картадан утуп алган турбайбы, ошол чынбы?» деп сураса эмне. Кийин кеч болуп калды. Көгүмө таянып мен да кылып койдум окшойт. Кырк күндүк сени көтөрүп кечирим сурап келгенде эле эне болуп мен кечирип койсом, аттиң, азыр баары унутулуп кетмек. Ошондогу сени бооруна басып алып боздогону али да кулагымда турат. Кийин таенең сени эки айлыгыңда алып келип мага берип кетти. Тиги кем таалай шор пешененин сыздап, бирок энесинин тилинен чыга албай эле сени бергенин сездим. Ошондо кур намысты коюп дагы бир жолу өзү келсе, ачуум тарап калган, мен өзүм алып калмакмын. Ал эмес, бул эмес, буюрбаптыр да. Абаң үйлөнбөй көп жүрдү. Бир күнү эле ушуну алам деп калыптыр. Кой бул ыраңы суук, тили заар жубандан башка жокпу, өңү жылмараак кыз эле алып берели десем «мага баары бир» деп болбой койбодубу. Өзүн-өзү жазалайын деди го, кемтаалай».
Арманы дилине сыйбай кеткенби ошол күнү чоң энеси бала менен чоң адамдай сырдашкан. Анан көпкө тунжурап отурган. Эмнени ойлонду экен? Өткөн күндөрдү ойлоп өкүндүбү? Жакшы-жаманды талдады бекен?
Энеси кейип турганынан аяса да, балалык кызыгуусу сурабай койгонго да жол бербей ээликкен бала батынбай «Эне, картага кантип уттурат?” деп араң сурады. “Ээ балам, ал ушак кеп. Болгону абаң бир үйлөнүү тойдо келинге курбу болуп келген апаңды жактырып ала качмай болот, бирок кызды алам деп болжолдоп жүргөн бир жигит кошо келген экен, ошол талашат. Анда абаң “кел, карта ойнойбуз, уттурсаң сен унчукпайсың, утулсам мен унчукпаймын” деп мелдешет да картадан утуп алат да, достору менен апаңды ала качышат”. Азыр ошондогу энесинин бир ууч боло мукурап отуруп айтып берген абалын элестетип сурабай эле койбой деп кейиди.
Бала негедир уйкусу келип баратканын сезди. Мемиреген уйку-соодо чач учтугу дабышсыз жаркылдаган чоң энесин көрдү. Чоң энеси закымга окшоп, чоң атасын айланчыктап жүрсө да, чоң атасы энесин көрбөй, ал өлгөндөгүдөй «жетим калдык, Белегим, экөөбүз жетим калдык» деп боздоп атат. Бирок андагыдай көз жашы сакалы ылдый сарыгып ыйлабай, күлүп боздоп атат. Чоң кишилер эмнени гана кылбайт. Атасынын үнү боздоп кайгылуу, өңү болсо кызыктай жагымсыз ыржайып күлүп турат. Бир оокумда баары туманга сиңип кеткендей жоголуп, жанын жер тарттырган уйкуга чөгүп бараткан бала чоң атасынын «Белек кайда? Мындай суукта тоңуп калды го. Бириң карап койбойсуңарбы? » деген үнүн укту. Кызык, чоң атасы эми эле «жетим калдык» деп ыйлап атпады беле. Анан да атасы неге жакын эле жерде, күн сайын өзү кой айдап келген кыядагы жардын түбүндө отурган баланы көрбөйт. Күндө бала атасын ушу жерден күтүп, кыядан карааны көрүнөрү менен алдынан эдиреңдей жүгүрүп чыгып чоң атасынын тер, топурак жыттанган коңур жытын искеп-искеп алчу. Ушул ажайып жыт, баланын кичинекей жүрөгүн курттай жеген кусаны унуткарып жиберчү. Азыр ошентип атырылып жүгүргөнгө дарманы жетпей алы куруп отурду. Үй менен кыянын боорундагы жардын аралыгы көп болсо беш кадам. Ошол беш кадам чексиз созулуп кеткенсиди. Бала өз денесин өзү сезбеген тумандын ичинен көзү ачыла элек күчүк кезинен баккан Кумайыктын улуганын, атасынын үнүн укса да «ата, мен мындамын» дегенге жарабай туңгуюкка кулап баратты. Аз өттүбү, көп өттүбү жүзүнөн бирөөнүн сылаганын туюп «Эне» деди сөнүп бараткан акыл-эси кусадар дирилдеп. Баланын бир нерсеге акылы жетпей жатты. Энесинин колу адаттан тыш сөөгү жоктой жумшак, нымдуу, ысык, анан майда бүдүрлүү одуракай экен. Ырас, энесинин колу одуракай болчу, бирок шуудурап кургак, катуу эмес беле. Азыр болсо салаалары билинбей абдан жумшак болуп кетиптир. Ушул ысык, тердеп тургандай нымдуу сыйкырдуу кол ажалдын арачысындай баланын мойну-башын, колдорун, маңдайын аймалай сылап, андан жан жыргаткан жылуу дем келип турду. Кызык, андан да энесинин чачпагы тирүү кезиндегидей күмүш үн салып назик шыңгырабай, итинин мойнундагы темир каргысындай копол шарактап баланы таңгалдырып атты. Бала жумшак туманга чөгүп кетти.
(Аягы)

Айжаркын Эргешова




Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Күүгүмдөгү коңгуроо


Келин күүгүмдөн коркот, неге экенин өзү да билбей корко берет. Күүгүм кирери менен алда кандай коркуу көөдөнүн ээлеп, ошону менен бирге жан туйбаган бир куса көкүрөгүн эзип чыгат. Күн сайын күүгүм тезирээк өтүп кетсе деп тилейт келин. Азыр да күүгүм кирери менен терезеге келип, ушул дил ооруткан учурдун өтүп кетишин күтүп дем тартпай турду. Баарынан да келинди коркуткан нерсе, күн сайын кайталанчу коңгуроо. Дал ушул кусалуу күүгүмдү күтүп тургансып телефон чырылдайт да, анан трубкадагы бейтааныш келиндин жүрөгүнүн доошун тыңшагансып үн катпай тура берет. Анын тумчуга оор дем алганы, алтургай дем алып жатканда калтыраганы да туюлат келинге.
– Мен угуп жатам, ким бул? Эмне унчукпайсыңар? – дейт келин да алда кандай белгисиздиктен калтаарый үнү дирилдеп. Тиги ансайын өчөшө дымыйт. Качан келин трубканы коймоюнча тура берет. Бул үнсүз табышмактуу аңдышуу келиндин сабырын түгөтүп баратты. Андайда трубкадан чыга калып, зымдын аркы учунда турган бейтаанышты жакадан алгысы келет. “Ким болду экен?” дейт келин ичи бышып. Ким экенин жүрөгү сезип турса да мойнуна алгысы келбейт. “Жүрөгүм адашса экен” дейт дили опкоолжуп.
Мына бүгүн да кусалуу күүгүм кирип, табышмактуу коңгуроо дилин чыркыратып, жанын өгөөлөөчү учур жакындап келе жатты. Күүгүм жакындаган сайын жалгыз болгонго аракет кылат. Ашканадан чыкпай, таза болсо да идиштерин жууган болуп же тамагын кайра-кайра даамдап дүрбөлөң түшүп, айрыкча күйөөсү кирбесе экен деп кыпылдайт. Бул азаптын башталганына ай айланды. Кудай жалгап күүгүм өтүп баратты. “Өх, бүгүн чалбады, ылайым эле эми чалбаса экен” деген менен дил тереңинде коңултуктай түшкөнүн сезди. Аңгыча сырттан күйөөсүнүн дүкүлдөй баскан тааныш кадамы угулду. Жерди оё басып, жолундагынын баарын калдыраткан бул кадамды мейли өздөрү конокто болсун, мейли үйдө конок болсун бир нече кадамдын арасынан тааныйт. Бирдемеге урунмайын жүрө албаган адаты бар. Кадамга удаа эле телефон чырылдады. Келиндин эми эле колуна алган кашыгы ыргып элейип, трубканы аларын же күйөөсүн утурлай басарын билбей апкаарыды. Аманат адатынча:
– Кандайсың? – деди эшиктен баш бага берип жаркырай күлүп. Бир күндө канча жолу аялы менен бет келсе ошончо жолу “кандайсың? ” деп сурай берген адаты бар.
– Жакшы, – деди келин алагдыланып.
– Телефонуң шыңгырап жатат, албайсыңбы?
– Азыр, тамактын тузун көрүп коёюн, – деди келин казандын кулагын кармай берип.
– Кантет, бирдеме менен карма, эмне колуң менен сузуп көрөсүңбү, кашык албайсыңбы? Келин казандын ысыгын эми сезип, колун тартып ала койду.
– Кашыгым түшүп кетпедиби, азыр... – деди алдастап.
А телефон болсо жан-алы калбай чырылдап жатты.
– Сен тамагыңды карай бер, мен алып коём, – деди Аманат.
– Жок, жок, өзүм алам, – келин тим эле кыйкырып жиберди. Аманат өңү кубарып телефонду баса калган келинчегин көзүнүн үстү менен таң кала карап, сунган колун же тартып ала албай, же трубканы келиндин колунан жулуп аларын билбей делдейе саамга туруп калды да, анан шарт бурулуп ашканадан чыгып кетти.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Алло, – деди келин акырын. Трубкадан адаттагыдай эле тумчуккан дем угулду.
– Эмне унчукпайсың, талкан жутуп алдыңбы? Чалба ким болсоң да! – деди калчылдап. Тиги өчөшө дымыды.
– Бул номерди кайдан алдыңар? – деди аргасы кетип. Зымдын ары жагындагы жан болсо келиндин чыдамын сынап жаткансып дагы эле үн чыгарбай мелтирейт.
– Ким болсоңор да экинчи чалбагыла, – деди да трубканы коюп салды. Келин калтыраган колдору менен идиш-аягын калдыратып, максатсыз эле ары-бери алып коё берди. Азыр күйөөсүнүн жанына кирүүдөн коркту. Аманат ачуусу келгенде унчукпай өз дүйнөсүнө камалып алат. Келин анын ушул унчукпаганынан коркот. Эмнеге коркконун өзү деле аңдай албай корко берет. Ич жылыган коркуу эмес, алда кандай жүрөк опкоолжуткан коркуу. Мындай сезим Аманат катуу айтпаса деле негедир баш кошкон күндөн бери коштоп келе жатат. Бир кезде күйөөсүнүн басканы угулду. Келин ансайын кичире идиштерине жармашты.
– Ким экен?
– Адашкан бирөө го, унчукпайт, коюп салдым.
– Тамагың быштыбы?
– Ии, бышты, азыр салам...
Алар өлүктөй жымжырттыкта тамактанышты. Анда-санда кашыктын табакка урунганы, Аманаттын чайнаганы гана угулат.
– Чолпон...
– Ии, – деди келин ичип жаткан чайын коюп, жүрөксүй.
– Жаздыкты алып келчи.
Чолпон унчукпай туруп жаздыкты алып келди да тизесине жаздап, күйөөсүнүн жанына отурду. Аманаттын күндөгү адаты ушул, келиндин тизесине жаздыкты коюп, анан бир нече отургучту катар тизип, ошолордун үстүнө жатып алып ашканада уктайт. Келин буту талып, бели уюп кетсе да тизесинде коңурук тартып жаткан күйөөсүн карап отура берет. Андайда телевизорду да башка каналга алдырбайт. Уктап калган экен деп башка каналга алса, унчукпай пультту алат да мурда турган каналга алмаштырып, кайра коңурук тартып кирет. Бүгүн негедир узакка уктаган жок, бир кезде көзүн ачпай туруп:
– Мага жанагы номерди берчи, эртең балдарга дайындайын. Ким кайдан чалып жатканын билип беришсин, – деди муздак.
– Номери жашыруун экен, адашкан бирөө го...
– Адашканын сен кайдан билдиң?
– Адашпаса бирдеме дейт эле да унчукпай тура бербей.
– Тескерисинче адашкан жан болсо унчукмак. Адашпаган үчүн унчукпай мышык-чычкан ойноп жатат да. Сен мага телефонуңду бер, түштөн кийин жумушуңа алып барып берем.
– Тим эле койчу убара болбой, канча адам адашат, баарын тактап жүрсөң...
– Адашкан адам күндө чалбайт. Мен жаш бала эмесмин, күндө ушул маалда ашканага камалып алганыңды, бул адашкан коңгуроонун мен билгенден бир айга чукулдап калганын баамдабай жүрөт дейсиңби. Чолпон, эгер мунун артында менин жеке намысыма тийген нерсе турса, анда таарынмай жок, – деди да келиндин алдында турган телефонду алып залга чыгып кетти. Алар ушул баш кошкон бир жыл аралыгында биринчи жолу эки башка жатышты. Келин таң атканча кирпик ирмебей чыкты. Жүрөгү ким экенин туюп эле турду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Келген экен да...” деди ичтен тына улутунуп. Биринчи коңгуроо болгон күнү да унчукпаган оор демди тыңшап туруп эрктен тыш ушинтип кобурап алып, бирок бул ойду кууганча шашкан эле.
Бул окуянын болгонуна узак болгон, мүмкүн узак деле эместир, бирок келин үчүн кылымдан бери бүтпөй, улам унутулуп баратканда кайра бирдеме себеп боло эске түшүп, эскиргенге жол койбой улам жаңыланып келе жаткансыйт. Бул сезим же эрегишүү, же сүйүү, же басмырлоо, же тирүүнүн азабы экени белгисиз. Чыны азап го, аркы дүйнөдөгү тозок болсо ушунча болор.
Чолпон бул азаптын кантип, качан башталганын аргасыз кайрадан эстеп кирди. Эстебейин десе да эстетет, каран калгыр.
Анда Чолпон он жетиге чыгып чыга элек болчу. Эртеңдер жалаң кыял менен тилектен курулуп, болгондо да андагы кыял-тилектер жомоктой эмес беле, атаганат. Айылдагы теңтуш кыздардан Чолпон гана окууга тапшырды. Ал жылы өтпөй калган Чолпонду курбулары Гүлүкан менен Саадат тим эле кубанып тосуп алышты. Алар кеткенден кийин кичинекей сиңдиси;
– Эжеке, сиз окууга кеткенде Гүлүкан эже менен Саадат эже “Чолпон окууга өтпөй калсын” деп бата кылышты.
– Кайдагыны айтпачы, каерде бата кылып жүрүшөт? – деди күлкүсүн тыя албай.
– Кой кайтарып жүрүп ушинтип бата кылышты, сиз ошон үчүн окууга өтпөй калдыңыз, – деди ызалуу. Чолпон көздөрү көгүлтүр, жароокер сиңдисин бооруна кыса кучактап күлүп койгон эле. Азыр кайра бата тууралуу ошол сөздү эстеди. Баары батадан башталды беле деп негедир азыр эскерүүсүн куду кинонун тасмасындай саамга үзүп ойлоп алды. Албетте, майда ичи тарлыкка алдырган теңтуштарынын батасы эмес, өзүн жандай сүйгөн жандын батасыбы, же каргышыбы бир сөзү азыр дилине келди.
– Мен сени каргадым, сага тетири бата бердим, кандай жакшы жанга жолуксаң да мени унутпай, башканы сүйө албай жүрүп өтөсүң, - деген эле калчылдаган Өктөм.
Өктөм... Келин кайра өткөн күндөрүнө сүңгүдү.
Окууга өтөрү менен курбулары, кечелер көбөйдү. Ошондой кечелердин биринде көздөрү оттуу, сөзү шок Өктөм менен таанышты.
– Сиз мага жагып калдыңыз, – деди Өктөм бий арасында кызды жандай берип.
– Сиз мага жаккан жоксуз, – деди эрке өскөн Чолпон тартынбай. Бирок, жигит жагып турган. Аны да азыр эстеди.
– Жактырып калганыңызды билбей калып жүрбөңүз.
– Ысытма кыласызбы? – деди кемпирдин колунда чоңойгон кыз энесинин дем салуу, ысытма кылуу, баш айландыруу деген кептерин эстеп.
– Ооба, ысытма кылам, ысыбай баратышса башын айлантам, анда да болбой баратса бата берем.
– Апей, бакшылык жайыңыз бар го?
– Жети атам ушундай касиеттүү кишилер болгон.
– Адамга мындай нерселерди жасаган адамдар касиеттүү эмес, шайтан менен достошот дешет. Сизден коркуп калдым.
– Коркпоңуз, мен шайтан менен эмес сулуу кыздар менен достошконду жакшы көрөм.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Аңгыча ак бий башталып, Өктөм кыздан сурап отурбай эле кыздын ичке белинен имере кучактап бийге тартып кетти. Чолпон биринчи жолу жигиттин карылуу кучагына, ысык демине, отту көз карашына ошондо тушукту. Кече бүтөрү менен Өктөм кызды жандай берип:
– Чолпон, мен сизди узатып коёюн, ээ? – деди да жооп күтүп отурбай кошо басты.
– Чолпон, мен сени ала качып кетсем кантесиң?
– Каматып жиберем.
– Коркунучтуу экенсиң.
– Коркоксуз го, ээ?
– Түрмөдөн ким коркпойт, кел, жакшы кепти сүйлөшөлүчү.
– Кандай жакшы кеп.
– Мисалы, канча балалуу болобуз?
– Мен сенден балалуу болгум келбейт.
– Эмнеге?
– Сендей шок жигиттер кыздардын кадырына жетпейт.
– Бирок, аялынын кадырына жетет.
– Мен сага ишенбейм.
– Эмнеге?
– Билбейм.
– А мен билем. Сен мени катуу сүйүп каласың да, анан бүт өмүр унутпай өтөсүң.
– Эмне түш жоруп жатасың? Мен турмушка сүйүүсү жок эле чыгам.
– Албетте, сүйүүсү жок чыгасың. Анткени, мени сүйүп каласың да, башка бай, бирок сени сүйбөгөн жанга турмушка чыгып, анан мени унута албай, мага жолуккан күндөр майрам болуп, азап тартып өтөсүң.
Кыз ошондо мыйыгынан күлгөн эле.

Чолпон Өктөм менен кантип жакын болуп кеткенин өзү да байкабай калды. Күн сайын терезесинин түбүндө турган жигиттин карааны кызга алда кандай тымызын сыймыкпы же дил толкуткан сезимби, айтор, сөз менен жеткирип айта алгыс жылуулук тартуулачу. Качан жигиттин чыдамы кетип ары-бери басып, терезеге улам-улам таш ыргыта баштаганда каалгый басып сыртка чыкчу. Кыздын карааны көрүнөрү менен эле Өктөм капкара көздөрүн күлүңдөтө кызды ашыга утурлай, анан батынып-батынбай коомай кучактаар эле. Кыздын белине абай оролгон колдордун андагы табы али да өксүк көңүлүн, муздаган дилин жылытат.
– Кандайсың? Күттүрдүң го... Өктөм апкаарып жаткандай дирилдей унчугат.
– Китеп окуп жаткам,-дейт кыз да үшүгөн жандай калчылдап. Чыны чыкканга шашып, бирок атайын кыз каадасы, назы кылып күттүргөнүн жашырат. Өктөм кыздын жүзүн сагына карап, бирок өпкөнгө даай албай, сулуу, шок көздөрү төгүлө жалжылдап бирдеме дегиси келип, бирок сөз таппай жаткандай калдастайт.
– Басалы,-дейт кыз азыр болуп кетчү алда кандай дүрбөлөң окуядан корккондой жер карап. Бирок, кыз тымызын күткөн да, корккон да дүрбөлөң окуя ошол түнү болду, алар ошол түнү биринчи жолу эрин тызылдатып, жүз дуулдатып өбүшүштү.
– Кызгалдагым, жакшынам, аруузатым менин....
Көңүлдү сапырып, жан дүйнөгө бурганак түшүргөн мындай таттуу сөздү Чолпон эч укпаптыр, андан кийин деле ушул жандан башка эч кимден укпады.
– Каралдым... Кыз ушул гана сөздү айтканга жарады. Бар болгон сезимин, ички кубанычын ушул сөзгө батырды. Жигиттин көөдөнүнө башын ката аптыкты.
– Сен меникисиң, мен сени эч кимге бербейм!
– Антпе...
– Эмнеге? Сен меники болууга тийишсиң, сени мен гана бактылуу кыла алам, кызгалдагым. Сен менин гана талаамда гүлдөп, менин гана талаамды көрктөшүң керек.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Өктөм тим эле өрттөнүп бараткансып аптыкты. Экөө үчүн күн өткөнү, саат учканы мааниге ээ болбой, ааламда экөө гана бардай жыргашты ошол жазда.
Жаз жайга, жай күзгө алмашты. Кеч күздө Өктөм шашып келди да:
– Бүгүн досум Базарбайдын туулган күнү, сен даярданып тур, мен Базарбайдын сүйлөшкөн кызын алып келе коёюн, Базарбай өзү камданып үйдөн чыга албайт экен,-деп кетти.
Базарбай бир үйдүн жалгыз уулу, атасы эрте эле каза болуп, апасы жолдошунун күйүтүнөн улам оорукчан болуп калган. Өктөм менен ушул досу айрыкча жакын, экөө бири-бири үчүн ичкен тамагын таштап чуркашат. Базарбайдын сүйлөшкөн кызы Каныкей да жакшы кыз. Чолпон жасанып алып көп күттү. Дайыма айткан убагынан эрте ашыгып келчү Өктөм негедир кечигип жатты. Улам күүгүм кирген сайын кыз жанын коёрго жер таппай кыпылдап, же таарынарын, же кыжаалат болорун билбей эки анжы ойдон жанчылды. Анда азыркыдай телефон болсо эмне. Кийинген бойдон жатып уктап калыптыр, бир кезде эшик тыкылдады.
– Келди!-деп аптыга тура калган кыз шашып эшик ачты. Эшик оозунда Өктөм эмес, купкуу болгон Базарбай турду.
– Эмне болду? Өктөм кана?-деди кыз коркконунан кетенчиктей берип.
– Чопа, сен коркпо, Өктөм менен Каныкей мотоциклден авария болуп...
Чолпон андан аркысын укпай эсин жоготуп баратты.
– Чопа, Өктөм аман, Каныкейдин абалы оор, мен сага айтып коёюн деп эле келдим, азыр ооруканага барышым керек.
– Мен да барам,-деди Чолпон каргылдана.
Алар караңгы түндү жиреп, Чолпон эч нерсе ойлоно албай дуулдай чуркап, башына каран түн түшкөн экөө шашып баратышты. Оорукананын алдында топтолуп турган адамдарды, анын ичинен чачы саксайып эч кимге баш бербей жулунуп жаткан Каныкейдин апасын көргөндө эле бир жамандык болгонун сезди Чолпон. Оюна “Өктөм камалат тура” деген суук ой келди да, жанында делдейип туруп калган Базарбайдын колун кыса кармап онтоп жиберди.
– Базарбай, эми не болот?
– Билбейм,-деди купкуу болгон Базарбай тиш арасынан шыбырай. Бир кезде аппак шейшеп жабылган кол арабаны эки жигит көтөрүп чыкты.
– Каныкей, каралдым, мен кантем!-деп чаңырган Каныкейдин апасы жанын таштай умтулду, бирок арабага жетпей чалыныппы же эсин жоготуппу жыгылып кетти. Чачы буурул тарткан олбурлуу киши аялды жерге жеткирбей кармап калды. Шордуу энени бооруна кыса кучактап турган кишинин ошондогу кубарган жүзү ылдый сарыккан көз жашы азыр да келиндин көз алдында. Бул айтып, ыйлап түгөтө алгыс күйүткө чыланган көз жаш эле. Четте турган Базарбай менен Чолпондун жанынан өлүктү көтөрүп өтүштү.
– Каныш,-деди Базарбай шыбырай, бирок кадап койгонсуп ордунан жылган жок, болгону алаканындагы кыздын колдорун кычырата кармап, кыз болсо ооруганына чыдай ыйлап тура берди. Топураган көпчүлүк машинага чыгып кетишти. Ызы-чуу ыйды, адам көтөрбөскө айласы жок оор күйүттү жүктөгөн машина козголду да, тирүү жандай бир үшкүрүп алып жүрүп кетти.
– Базарбай, кетели, Өктөм кайда?-деди ыйдан каргылданган Чолпон.
– Милицияда,-деди Базарбай дале ордунан жылбай.
– Мен аны ушул жерде экен дегем...
– Ушул жерде болчу, милициялар келгенде мени сага жиберип, өзү алар менен кетти. Каныкейди өлбөйт дегенбиз,-деди каргылдана. Эми гана жанатан камалып турган ысык көз жаш жаак ылдый шорголоду. Жанагы буурул чач киши менен Базарбайдын күйүт менен чарасыздыктан шалдайган ийини, кубарган жүзү ылдый сарыккан көз жашы окшош эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Каныкейдин ата-энеси “кызыбыз кайра тирилмек беле, бул кырсык, дообуз жок” дешсе да Өктөм алты жылга кесилип кетти. Өкүм чыгып, жигитти алып чыгып баратканда Чолпон улуу-кичүүдөн тартынбай чучуктай чыңыра, жан биргесин өлүмгө алып бараткандай жан таштай жулунуп, милицияларга да бой бербей Өктөмдү кучактай:
– Кетпе, мен кантем, кетпе!-дегенден башка кеп оозуна келбей солуктады. Өктөм колу кишенде, милициянын жулкулдатканына да карабай, жигиттин мойнуна оролгон колу чыкпай карышкан кызга көкүрөгү менен өбөктөй ыктап жалбарды:
– Мен келем, тез эле келем, сен ыйлаба кызгалдагым, сен ыйлаба...
А өзү ыйлап жатты. Азыр да өксүп, куду ошондогудай күйүт менен буркурап ыйлап алды да, кайра өткөн күндөрүнө сүңгүдү.
Кыздан Өктөмдү эки үч талтөөндөй милиция араң ажыратып алып чыгып кетишти. Тизелей жыгылган Чолпонду Базарбай тургузуп жетелеп кетти.
– Өктөм келет, ыйлаба, Чопа, а Каныкей эми эч качан келбейт,-деди ал сызгырылып бараткандай муңкана.
– Кечир Базаке, Өктөм деле атайылаган жок....
– Мен Өктөмдү күнөөлөгөн жокмун, тагдырды каргап жатам,-деди ый аралаш. Экөө залда эч ким калбай калса да отура беришти.
Кыз жигитке беш жыл каттады. Ар бир барган сайын ата-энесинен шылтоо таап уруксат суроо азап болчу. Көрсө, тозоктун башы ошондо башталган экен. Жолугушууга барган сайын Өктөм:
– Ким менен жолугуп жатасың, ким сага кызыгып жатат?-деп суракка алып, кыздын ансыз да сыгылган жүрөгүн эзе берчү. Өктөм беш жыл дегенде чыгып келди. Баягы жайдары, шайыр жигит түнт, шекчил болуп өзгөрүптүр. Кыз аны жылуу сөзү, жароокер назы менен дарылап, баарын мурдагы калыбына келтирем деп ата-энесине айтпай бирге жашап алып жаңылган экен. Күнү бою жумушка жаңы эле кирген кызга улам чалып тынчын ала берчү. Албай койсо анда жетип барып, көздөрү кызара тишин кычыратып кызды жулкулдата сыртка жетелеп чыгат да:
– Неге албадың, ким менен эмне кылып жаттың эле?!-деп сааттап суракка алат. Кокус бирдеме болуп жумушта кармалып же маршрут күтүп бир аз кечигип келсе, анда бүттү кызаңдап ачууланып, кызды чечинтип алып денесин текшерип, ал тургай жыттап көрүп кыйнай берчү. Урбаса да мындай басынтуу, ишенбөө кыз намысын тебелеп, жүрөгүн муздатып баратты. Акыры чыдабаган кыз кетип калды. Кетип калуу Өктөмдүн жиндилигин ансайын күчөтүп, кызды жумушунан, жолдон акмалап кармап алып чаң салчу болду. Айрыкча мас болуп алып жумушка келип жиндилик салганы Чолпонду чүнчүтүп, аргасы кеткенде жумуштан да чыгып алды.
Ошондой күндөрдүн биринде Чолпонго жашы бир топ улуу, кызматы, мартабасы, кадыры бар киши жуучу түшүп калды. Апасы дароо:
– Өзүң билип, жетим кыздай ата-теги белгисиз, кадырыңды билбеген бирөө менен жол-жобосу жок эле жашап алдың, аныңа да макул болдук. Эми бизди ук, болбосо балалыктан кечем,- деп маселени кабыргасынан койду. Кызга азыр баары бир эле. Анын жакшы күндөрү Өктөм менен кошо түрмөгө түшүп, Өктөм чыккан менен ал күндөр ошол сыз, караңгы, муздак жайда калып калган эле. Чолпон турмушка чыгарын Өктөм угуп калбаса экен деп кыпылдап, бүт номерин алмаштырып салды. Бирок, Өктөм аны жерге кирсе чачынан, асманга чыкса бутунан тартып алчудай издеп таап алчу болду. Бир күнү кечке маал дагы адатынча капыстан жолдон жолукту, бир аз кызуу экен. Көп күндөн бери ичкени ак шишик баскан жүзүнөн муңга, кусага, ичкиликке ууланган көздөрүнөн билинип турду.
– Чолпон, мен сенсиз жашай албайм, кайрыл,-деди жалооруп.
– Мен чарчадым, Өктөм, сен мага ишенбеген соң жашап эмне кылабыз?-деди жигитти аяй карап.
– Мен оңолом, көрөсүң го, сен төрөп эле берчи, оңолом. Анан сен да кечикпе да, жумушта телефонуңду ал да,-деди. Дагы эле баягы.
– Мен турмушка чыгып жатам,-деди муздак. Өктөм оболу ишенбей, бирок кыздын муздак көз карашынан баарын сезди.
– Менсиз эч качан бактылуу болбойсуң, мен сени каргайм. Сен мени гана, а мен сени гана сүйөм,-деди каргылдана.
– Каргай бер, каргыштын да эки учу болот, бири мага тийсе, бир учу сага тиет. Кел, жаман-жакшы айтышпай биздин сүйүү үчүн жылуу коштошолу,-деди кыз жалооруп.
– Мен сени бирөөгө тиет деп сүйгөн эмесмин. Эгер башкага тийсең мени унутпай, мен кирген түштөр сени уктатпай өтөрү чын, анткени сен да мени сүйөсүң. Кетпе, Чопа, суранам, кетпе!-деди куду баягы сот залындагы кыздын өзүндөй жалбарып.
– Жок, бата тиленип калды, мен кайрадан сен деп ата-энемди жер карата албайм. Ары үй-жайсыз, эртеңсиз, куру жалаа менен ишеними жок жашагандан чарчадым. Мен сени сүйбөй калдым,-деди өзүн зордоп.
– Анын үй-жайы бар бекен?-деди тишин кычырата ызалуу.
– Ооба, үй-жайы, эл ичинде кадыры, иштеген кызматы бар экен. Эң башкысы сенчилеп эзип кыйнабайт, жаныма тынч болсо болду.
– Сага үй-жай эле керек болсо экөөлөп жасайбыз, сен жанымда эле тур, мен баарын жасайм,-деди жигит чын дилинен. Көздөрү от боло жанып, жүрөгүн төшөй жалооруган жигитти карай албай, азыр ушул көздөрдү караса эле баарынан кечип кетерин билген Чолпон шарт баш көтөрбөй:
– Жок, эми баары кеч,-деди да шарт бурулуп басып кетти. Өктөм кыздын артынан:
– Мен сени каргадым, сага тетири бата бердим, кандай жакшы жанга жолуксаң да мени унутпай, башканы сүйө албай жүрүп өтөсүң!-деп каргылдана кыйкырды.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Чолпон куду өрттөн качкандай артын карабай чуркады. Бирок Өктөмдүн сөздөрү аны этектей жармашып, теңтайлаша кошо жарышып келе жаткандай дапдаана угулуп турду.
– Менсиз жашай албай өтөсүң, мен кирген түштөр сени уктатпайт...
Эшиктен кирип эле энтиге босогого жөлөнүп туруп калган кызын Саадат элейе карап:
– Эмне болду, жайчылыкпы?
Кызы унчукпай бозоруп, кадап койгонсуп ордунан жылбай тура берди. Жаак ылдый сарыккан көз жашы калтыраган ээгинен бермет мончок болуп үзүлүп, жакасына сиңип жатты.
– Капырай эмне болду? Бирөө өлсө деле угузат тура, сүйлөбөйсүңбү мелтиребей, -деди эне чыйпылыктап.
– Өлдү...-деди Чолпон кардыга.
– Ким?!
Саадат чаңырып жиберди.
– Мен, менин тилектерим. ..
– Тилегиң менен жерге кир, ушинтип да сүйлөйт бекен. Кир үйгө дөөрүбөй.
Эне жүрөгүн кармай ары басып кетти. Ашканадан калдыратып суу ичкени, ал тургай куркулдатып жутканы да угулуп турду. Суу ичип болуп шуу үшкүрө дагы сүйлөнүп алды.
– Капырай, ушинтип да сүйлөйт бекен. Мен да ким өлдү экен деп жаным калсачы.
Саадат кызынын эң аялуу, эң кымбат, аруу тилектеринин өлгөнүнө маани да бербеди. Кызы үчүн мындан өткөн азап жок экенин, Чолпон бул өлүмдүн азасын жылдап тартарын эске да алган жок. Кыз бутун чечпей үйгө кирди да, ошол бойдон төшөккө жыгылды. Бир кезде энелик жүрөгү түтпөдү окшойт, Саадат башбакты. Ал кызынын бут кийимчен жатканын көрүп жанына отурду да, кызынын бутун баягы бакчадан келип уктап калчуда чечкендей акырын чечип, кобурап сүйлөп да жатты.

– Баары унутулат кагылайын, баары нугуна түшөт. Бүт өмүр азабын тартканча бир жолу кесип, бир жолу ооруганың жакшы. Жаштык, мастык баарыбызда болгон, кийин эстеп гана койгонуң болбосо, азыркыдай дегдетпей, оорутпай калат.
– Апа, каргыш тиеби?-деди каргылдана.
– Кайдагы каргыш?
– Ал мени каргады...
– Кара башына тийсин!..-деди эне кабатыр үнү менен.
– Апа, мен аны сатып кеттим...
– Антип ойлобо каралдым, адам эмес малдын кадырына жетпесе качып кетет, сенин кадырыңа жетпеген немеге кор болгончо ушинткениң туура.
– Чын эле качып кеттим, артымды карабай качып кеттим. Бирок өзүмдөн кантип качам, апа?
– Адам көтөрбөгөн, көнбөгөн нерсе жок айланайын, кичине чыдап кой, анан көнүп кетесиң.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Арадан он күн өтпөй той болду. Элди деле топуратып чакырышкан жок, бирок дасторкон мол болуп, кыздын бүт каадасын жасашты. Кызды бир жеңеси кирип кийинтип кетти, анан бири келип кулагына алтын сөйкө, билегине жакут көздүү билерик, колуна кабаттап шакек тагып, шыпшына сүйлөп да жатты.
– Карачы, кызыке, алтын балык кармап алдың. Кимдин эле күйөөсү ушинтип башынан алтын төгүп атыптыр, төкпөй эмне, төккөнү ушул да,-деп өз сөзүн өзү кубаттап да койду. Ал эми келинге баары бир эле. Ким каякка жетелесе басып, ким эмне десе кыңк этпей аткарып жатты. Кеч кирип, жанагы шыпылдаган эки жеңеси кирип төшөк салып чыгып кетти. Алар чыгары менен куду аңдып тургандай күйөө кирди. Жерди оё баскан кадам көшөгөгө жакындаган сайын кыз артка жылып, качан оор көшөгө серпилгенде көзүн жума бүрүшүп бурчка тыгылды.
– Кандайсың?-деди күркүрөй.
Кыз унчукпай калчылдады.
– Коркпо, баары жакшы болот.
– Корккон жокмун,-деди кургак.
– Анда эмне калчылдап жатасың?
– Мен кыз эмесмин...
– Билем, сени зордоп ала качып кеткенин апаң айтты.
– Ала качкан эмес... Ал кыздын сөзүн акырына чыгарбай чорт кесе сүйлөдү.
– Азыр анын мааниси жок, артыңды карай берсең алдыңдагы аңга түшүп кетесиң, андан көрө алдыны карайлы. Мен сенин кадырыңа жете алам, акылдуу кызсың, сени да ошентет деп ишенем.
Ал сөз бүттү, өкүм чыкты дегендей күшүлдөп чечинип кирди. Анан куду бүт өмүр чогуу жашап келе жаткандай тартынбай энеден туума чечинди да, кыздын жанына оонай жата кетти. Анын салмагынан диван онтой кычырап, кычыраган жагымсыз үн кыз жүрөгүн аралай, көзүн жумуп жиберди. Муздак, былкылдаган жумшак дене денесине тийгенде Чолпон ичиркене жыйрылып алды. Ал чалкасынан жаткан бойдон кызды бир колу менен кучактай өзүнө имерди. Анан кыздын башын зордой буруп, эриндеринен тиштегилей копол өптү. Кыз ал эмне кылса унчукпай баш ийип, эч бир толкуу, сезими жок роботтой анын кыймылын ээрчий, тигинин каалаганын айттырбай жасап жатты. Жүрөгү мупмуздак эле.
Арадан ай өттү. Күйөөсү күндүзү деле, түнү деле, мейли ашканадагы отургучтардын үстүндө, мейли иш үстөлүндө, айтор, каалаган жеринде уктай берет. Кааласа түн жарымында бирөө уктап жатат дебей турат да, ары-бери дүпүлдөп басып, күшүлдөп тамак жеп, же бирдемелерди мааниси жок эле ары-бери жылдырып коюп, кемпирчесинен баштыктарды шылдыратып чукулап жүрө берет. Баарынан да кыжыры келгени, кашыктын башын төмөн каратып койсо аны кайра эринбей жогору каратып чыгат. Келин алгач көнө албай жүрсө, бара-бара мунун баарына маани бербей койгонду үйрөндү. Күн сайын үйдөн конок үзүлбөйт. Алтымышка чукулдап, богогу салаңдап, мойну картаң тооктун мойнундай бырышып калса да чачтарын боёп, кирпик улатып, тырмагын упузун кылып өстүрүп чоёктогон айымдар, дөөгүрсүй баскан кишилер келет да куру мактап, калп күлүп отуруп кетишет. Андан да ай сайын “Жоро отуруш” дешип чогулганы келиндин жан дүйнөсүн кысат. Чынында бул отуруш эмес эле дасторкон жасоо боюнча, үй жасалгасын көрсөтүү боюнча жарышка түшкөндөй жанталашкан атаандашуу. Бир күнү ошолордун арасында сыпаа, сөзүн таап сүйлөгөн, токтоо, жупуну кийими да өзүнө жарашкан салабаттуу адам пайда болду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 00:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

– Кудабыз болот,-деп тааныштырды күйөөсү келинди мойнунан бурай кучактап туруп.
– Кантет, куда, акырын, келинчегиңиздин ичке экенин байкабайт окшойсуз, тим эле моюндан бурай кармайсыз го. Мына биз жоон-жолпусуна чыккан байбичелерибизди ушинтип кучактасак башка кеп, анткени, алар кайра биздин моюнду бурап коёт,-деди куда киши жаркырай күлүп.
Ушунча убакыттан бери биринчи жолу келин сөзгө серпилип, карегине жаш айланды. Күйөөсү каркылдай күлүп, а сыланган айымдар болсо жактырбай мурдун чүйрүштү. Ошондон баштап келин тиги кишини жакын көрүп калды. Бирок тез эле ал киши катарга кошулбай четтеп кетти.
Келинди төркүлөтүп барышканда атасы менен апасы жан-алы калбай сыйлашты. Мурда сүйлөр-сүйлөмөксөн болгон текебер тайжеңелери да келиптир. Тобо, алар кыз турмуштан кыйналып жүргөндө баш-аягын сынай карап:
– Ии, эмне той жедирбей эле кетип калдың?-деп кермек сүйлөшчү эмес беле. Эми болсо алды-артына чыгышып, сыртка чыкса бут кийимин оңдой эпилдешет. Кыз Өктөм менен жашаса деле, менсинген бай күйөөсү менен жашаса деле аларга пайдасы, зыяны тийбейт эле го. Чолпон мисирейип унчуккан жок. Ал азыр кур тулуптай бопбош эле.
Мына, ал азапка эми унчукпаган коңгуроо кошулду. Таң атары менен биринчи “Телефондун ээсин таап калса эмне болот?” деген ой келди. “Тапса табар” деди дагы бир кашкөй ою. Азыр келинге баары бир эле. Ансыз да кусалык жеп кемирген көңүлүн ким оорутпады, көп болсо дагы оорутушар. Келин жумушта да эшик тык этсе күйөөсү кирип келип чаң салчудай, же бети-башы жарылган Өктөмдү жетелеп кирип келчүдөй кыпылдап отурду. Күйөөсү келмек түгүл жумушуна чалган да жок. Үйгө келсе жолдошу үйдө отуруптур. Келин күйөөсүнүн кабак кашын карады.
– Кандайсың?-деди күйөөсү адатынча эч нерсе болбогондой күлүп.
– Жакшы, телефонумду алып барып бербедиң го?
– Аа, унутуп калыпмын, тиги номерди текшерткен деле жокмун, ары жарыбаган нерсе үчүн балдардын тынчын алгым келбеди,-деди алдындагы тамагын чачып-төгүп жеп жатып.
“Кызганганга да сезим керек го” деди келин ичтен тына. Анан бир кезде шашып турду да:
– Жалаң эркектер аш жеп жатабыз, кааласаң жүр, жалгыз отурбай барып кел,-деди кайдыгер.
– Жок, мага эмне бар, сен барып келе бер, мен үйдө эле болом.
– Өзүң бил,-деди да кийинип алып чыгып кетти. Мурда Өктөм ушинтип бир жакка барса, бура бастырбай ээрчип алчу эмес беле, азыр серпилип да койбой тескерисинче жалгыз калууну каалап турду.
Ошол күнү күүгүмдө кайра коңгуроо келди.
– Алло, ким экениңди билип турам,-деди үнү каргылдана.
– Билгениң жакшы экен, анда эмне ушул күнгө чейин билген жоксуң?
– Билдим, бирок жалгыз эмес экенимди билесиң да.
– Азыр жалгызсыңбы?
– Жок, азыр деле жалгыз эмесмин, бирок сүйлөй алам.
– Мен үйлөндүм, бирок сени унута албай кыйналып жатам. Мени коё берчи, сураныч.
– Айтпадым беле каргыштын эки учу болот деп. Сен мени коё бер, каргышыңдан кайт, Өктөм. Жакшы күндөр үчүн кечиришели.
– Мен го кечирдим, бирок жүрөгүмдү кантип эмдейм?
– Убакыт өзү эмдейт, турмуш унуткарат.
– Сен унутулбайсың. ..
– Унутулбаган нерсе болбойт, мага ыраазы бол, Өктөм, мен бактылуумун.
– Алдаба, бактылуу эмес экениңди үнүңдөн туюп турам.
– Өзүң бере албагандан кийин башкаларга жолтоо болбо, чалба мага...
– Макул, чалбайм, сени кечирдим деп гана айтып коёюн дегем...
– Рахмат, жакшы кал.
Бирок экөө тең трубканы койгонго кыйбай тура беришти. А кире бериште болсо экөөнүн сөзүн тыңдаган Аманат турду. Биринчи болуп келин койду да артына бурула берип Аманатты көрүп коркуп кетти. Саамга бут алдында жер көчө туруп калды да, анан өзүн колго алып токтоо унчукту. Мындай токтоолукту кайдан алганына баамы жетпей турду.

– Баарын уктуңбу?-деди акырын.
– Уктум, сени сүйлөшүп алсын деп эле ашты шылтоологом. Мени ушунчалык тоңдоосун дейсиңби, баарын сезип турам, бирок бир топ жылдан бери көнгөн шарт, эмоцияны чыгарбай катканды үйрөткөн кесип ичимдеги бороонду жашырууга, билмексенге салууга жардам берди. Сен мени саткан жоксуң, башында чынын айттың, кийин да сүйбөсүңдү, башканы сагынып жүргөнүңдү айтпасаң да жашырган жоксуң, сөз менен актанып, калп аракет менен жасалмалабадың. Ошонуң үчүн рахмат. Кааласаң кал, бактылуу кылам, каалабасаң, анда жолуңду тоспойм.

– Мен кайда кетмек элем, менин ордум ушул жерде, сенин жаныңда. Анткени сен жакында ата болосуң. Баланы атадан ажыратпасын, түрткүнчүк кылбасын.
Аманат унчукпай келинчегин бооруна кысты, бирок өңүндө эч кандай толкундоо жок эле. Болгону жүрөгү гана көөдөнүн жарып кетчүдөй дүкүлдөп жатты.
(Аягы)

Айжаркын ЭРГЕШОВА
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 01:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сыр


Базардын чекесиндеги дүкөндө таң заарда жумуш ушинтип башталды. Жашы али отузга толуп толо элек, бирок канчадан бери жуумак түгүл тарак тийбей, жедеп түйдөк болуп калган чачын ак басып, арак менен ысык-суукка өңү кара-көк тартып, эриндери кеберсиген жапжаш келин баш бакты. Көздөрүн жалдыратып, жалооруй кирип келаткан келинди көрүп эле дүкөнчү “дагы келатасыңбы? ! Көзүмө көрүнбөй жоголчу!.. ” дегендей эриндерин кымтылана кыжыры келип, акшыя карады. Аны түшүнө койгон келин ансайын жалдырай тиктеп, ошол келаткан жеринде токтоп калды да, ооз учунан акырын аста айтты:
– Жүз эле?..
– Жогол!!! - ансыз да алда неге туталанып отурган аял анын андан аркы сөзүн айттырбай түшүнүп, ого бетер итатайы тутула энтигип кетти:
– Жогол деп атам-м!! !
– Суранам, эжеке?! - үмүтүн үзгүсү келбегендей эми келиндин үнү жанагыдан бийигирээк, анан ый аралаш чыкты:
– Ооба, сенин суранганыңа эле бияктагылар зар болуп, муктаж болуп атат дейт! Арам какмар! Таң атпай келип алып нервди бузган шүмшүк! Жок дегенде ырымга бир-эки соо киши киргенден кийин кирбейт белең! Жамандыктын белгисиндей болбой! Кептин чоо-жайын түшүнгөн келин “ырымга бир-эки киши кире калса экен” дегендей артына кылчактай, айнектин тушунан ары-бери өткөндөргө карады.
– Бар, чыга тур!
Экөө бири-бирин түшүнгөндөй болушту. Келин сыртка чыгып, бирок так эшиктин түбүнө эки тизесин кучактап отуруп алды.
– Болду, ушуну ичем да, экинчи ичпейм! - деди ал өзүнө-өзү.
– Ушул жүз грамм арак үчүн ушинтип!.. - чыны менен эле ызаланды, өпкө өпкөсүнө батпай эки ийинин солкулдата ары-бери өткөндөрдөн жазганбай этпей эле көкүрөгүн тиреп тээп турган көптөн берки бугун төгүп, анын үстүнө аракка болгон табити жанын сууруп алчудай кыйнап букулдап ыйлады. Дүкөнчү аялга анын так эшиктин алдында отурганы жаккан жок. Жакшы эле тилдейин деп эшикти “шарак” ачып чыккан менен тигинин абалкыдай калп өкүрбөй, соо адамдай “солк-солк” этип ыйлап отурганын көрүп эмнегедир жумшарды. Түтпөй кетти. “Анан ушунуку жакшыбы?” - деди оюнда. Башында аласасы барчылап догурунуп атып ичип кетчү. Жакшы эле бербейин дейт, бирок өкүрүп-бакырып ыйлап, турган ордунан чалкасынан, көмкөрөсүнөн кулап, жер тырмалап озондомок.
– Апей, бечараны мынча эмне кыйнадыңыз? - дейт бир жолу дайыма соода кылып жүргөн жакшынакай жигит. – Жакыныңыз чыгар?
– Каяктагы жакын?! Кайнасам каным кошулбайт! - деп секирип кеткеничи. Ошондон кийин чындап эле элден уялчу болгон. Бир күнү жедеп тажаганда милицияга салып берген. Бирок ал үчүн көпкө чейин жүрөгү ооруп жүрбөдүбү. Ошондон бери келбей жүрүп пайда болуп атканы бүгүн.
– Эмне ыйлайсың? - деди аял. Тигил келин анын жумшак мамилесине ишенбей аткандай кулак түрө ыйын токтотту да, тизесин кучактаган боюнча кыймылсыз дымып калып, аздан соң акырын башын көтөрдү. Аялдардын бири аяп, экинчиси аны туюп эреркеп карады.
– Тур! - деди дүкөнчү аял. Атүгүл колун сунду. Тигил шашып калды. Шашкалактап колун узатып алып, дүкөнчүнүн апакай колдоруна колдору тиерде колун тартып алып, каякка катарын билбегендей кайпактай түштү. Көптөн бери уяла элек болчу... Анын эмнеге анткенин түшүнгөн дүкөнчү:
– Жүрү - деди да, ичкери кирип кетти. “Шып” кирип барчудай обдула түшкөн келин эмнегедир кайра токтоп калды. Кимдир бирөөнү күткөндөй эки жагын карады. Аңгыча баласын жетелеген жаш жигит жубайы менен аларды көздөй бурулду. Ооба, туура эле дүкөнгө келатат! Сүйүнүп кетти! Атүгүл эки-үч аттап дүкөндүн аркы бурчуна далдаланып да калды. Анткен менен айнектен аларды карап турду. Ардеме-бирдемелерди алып атышат. Аңгыча алардын уулу келинди байкай коюп элейип эле карап калыптыр. Көздөрү башкача баёо, капкара экен десең. Келиндин эсине бир нерсе түшүп, энелик сезими селт этип кетти. Жүрөгү дүкүлдөп бат-бат сокту! Деми кысылып, көздөрү караңгылай түштү. “Бар эмес беле?!” Оюна, ооз учуна келген биринчи эле сөзү ушул болду. Балам!!! Менин да ушундай балам бар эмес беле?! Ушундай күйөөсү дагы бар болчу!.. Атүгүл өзү тигил келинден да кыйла чырайлуу эле го. Бул керек болсо Кыргызстандагы эң даражалуу окуу жайлардын бирине өз күчү менен өткөн. Акысыз окучу. Анан?!. Анан эмне болду эле?! Ооба, сүйүүгө жолуккан. Чын жүрөгүнөн, акылынан адаша жигит сүйгөн! Баары ошондон башталбады беле!..
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 01:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Аңгыча ичтен айнек кагылды. Дүкөнчү аял колун жаңсай өзүнө чакырды.
– Эмне туруп калдың? - ал киргенде дүкөнчү бир эсе таң калгандай, бир эсе эмнегедир ыраазы болгондой жайдары сурады.
– Клиент соода кылса, анан кирейин деп...
– Кел... - аял стаканга шылдыратып арак куя баштады. Эмнегедир келин биринчи киргенден башкача боло түшкөндөй. Демейде бирөө жарым озунуп илип кетчүдөй жанталашып, куюп бүтө электе эле колдорун калчылдатып баса калчу. Антмек түгүл, тескерисинче ага азыр дүкөнчү аял зордоп ичирчүдөй көңүлү айнып, бети-башын бырыштырып алды. Дүкөнчү арагын сунган боюнча бет алдында мелтейген келинге ишенбегендей да, таң калгандай да суроолуу тигилди.
– Биякка келчи, - деди анан дүкөндүн аркы башындагы өзү чай ичип, түнү жатчу бөлмөнү көздөй чакырып. Ушул тапта аракеч келин да эмне үчүндүр ошону самап турган. Көөдөнүндөгү көлкүлдөп келген тааныш да, көптөн бери унутуп калган тааныш эмес да бир сезимди жоготуп алгандан коркуп, эмнегедир азыр өзүн аял сезип, ошону жок дегенде ушул аялдын көкүрөк-көңүлүнө көчүрүп айтып бергиси келип аткан.
– Атың ким? - маңдай-тескей отурушкан соң ушинтип сурады дүкөнчү.
– Зирек...
– Жакшы ат... - мындай атты дүкөнчү аял башта да уккан. Бирок анда минтип айткан эмес.
– А менин атым Айгүл. Айя эже десең деле болот.
Башын ийкегиледи келин.
– Зирек, өткөндөгү үчүн кечир? - муну чын дилинен айтты аял.
– Ачууга алдырдым. Сеники да туура эмес болгон... Мен деле эптеп оокат кылайын деп жүрөм да. Кирген-чыкканды ирээнжитип койсок, экинчи келбей койбойбу! Анын үстүнө бир эле убакта күйөөмдөн да, жалгыз уулумдан да айрылып, кээде өзүмө өзүм батпай жүрөм... Жалгыз калдым, аларга эстелик тургузушум керек, түшүнүп атасыңбы мени?.. Өх-х!.. Мына, көрдүңбү, сени сурабай өз арманымды айта баштадым. Эми сен өзүң жөнүндө айтчы? Бир карасам чыны менен эле атыңа окшош башкача келинсиң?..
Келиндин көзүнөн жаш мончоктоп, бир нерсе жетишпей аткандай кайпактап кетти.
– Ичесиңби?.. – Бирок анын “ичпейм!” дегенин уккусу келгендей сурады дүкөнчү. Зирек буйдала калды. Бирок аялдын ындыны өчө түшкөнүн байкай башын чайкап ийди:
– Ичпейм!
– Азамат! - аял күлүмсүрөдү. - Ошент, айланайын.
– Экөөбүз окшош экенбиз, эже, - унчукпай отуруп бир убакта ушинтти келин. – Сизди көргүм келип тартыла берер элем. Көрсө, тагдырыбыз бирдей экен...
– Кандайча? - деп кеп түйүнүн түшүнүп-түшүнө бербей карады аял.
– Билесизби, мен кичинемден жетим өскөм. Тууган-туушкандарымдын колунда, кимиси жылуу сөз айтып, чекемден сыласа, ошонукунда жүрүп бой жеттим. Кудай колдоп жакшы окудум. Атүгүл, өз күчүм менен университетке өттүм. Анан жигит сүйдүм... - алда нени эстегендей ууртунан күлүмсүрөй көздөрүн жумду келин.
– Ал мени сүйдү... Бири-бирибиздин жаныбызда биз ушунчалык бактылуу элек... Бул жашоо мага ошол жигит бар үчүн гана кооз, ошол жигит бар үчүн гана кызык болчу. Анан кайсы бир бактылуу... жок, жок, каргашалуу бир күнү экөөбүз... бир адам болуп алдык... Ооба, ошондон көп өтпөй эле ал менин колумду сурады! Бул мен үчүн чексиз бакыт эле! Сүйгөн адамым менен үй-бүлө куруу, эне болуу мага эч нерсеге окшошпос бакыт эле! Мен өмүр бою ата-энелүү балдарга суктанып өмүр сүргөм! Эрди-катын болуп жашагандарга карап суктанчумун! Өзүмдүн маркум ата-энемдин болсо сүрөтүн эле көрбөсөм, эч элестете албайт да элем! Бир күнү анан мен ага кош бойлуу экенимди айттым. Сүйүнгөнүн сураба, а бирок ошондон көп узабай эле ал мага суук кабар угузду. Ата-энеси, айрыкча апасы: “Аныңдын атын да угузба! Тарбиясыз жетим, болгондо да эрге тие элек жатып этегинен бузулган неменин кереги жок!” - дептир!
– Ыя?! Эмне дейт?! - Айя эже эмнегедир “селт” деп кетти. – Токто... токточу?!. . Келин токтогон жок, тескерисинче агынан төгүлүп-чачылып, муңун айткысы келип аткан.
– Ошондон кийин ал жигит менден алыстай баштады... Төрөдүм... Келген жок. Бирок төрөт үйүнө баламды таштабадым. ..
– Зирек, жигитиңдин аты ким эле?.. - эмнегедир Айя эженин муун-жүнү калчылдай, үнү “дир-дир” эте сурады.
– Анын атын атагым да келбейт, эже!
– А балаң кайда?
– Баламды балдар үйүнө таштадым! .. Ошентип, эки адамдан – боор этим менен тең баламдан, анын атасынан тирүүлөй айрылып, жүрөгүмдүн күйүтүн, өзөгүмдүн өртүн өчүрүш үчүн иччү болдум. Акыры ушундай болду... - башын артка жөлөй, көздөрүн жума көөдөнү үшкүрүккө толуп кеткендей узакка улутунду келин.
– Зирек, эжеңди кыйнабай айтчы, айланайын. Ал жигит өзү кайда азыр?!. Зирек аялга чыны менен эле таң кала карады. Демейде таш мылтыктай болуп мелтейген аялдын каректеринде эмнегедир жаш каканактап, төгүлүп-төгүлө албай турду. Эриндери дирилдеп, азыр-азыр Зиректи кучактап жыгылчудай тиктеп туруптур. “Эмнеге?” – таң калды Зирек. Анан көкүрөгүнө колун сойлотуп бир нерсе издеди... Сүрөт. Бекзаты экөөнүн бактылуу бир ирмемин жоготпой ушинтип катып жүрчү.
– Мына... - сүрөттү Айя эжеге сунду. Кызык, Айя эженин сүрөт кармаган колдору “калч-калч” этип, бирде сүрөттү, бирде Зиректи карап, же күйүнгөнү же сүйүнгөнү белгисиз, ыйлап атып муңдуу жылмайды:
– Уулум, бул менин уулум! Бекзатым! .. Зирек өзүнө ушунча муң, ушунча азап алып келген аялды болгон жек көрүү менен бир «жалт» карап алды. Бирок ошол эле кезде экөөнү тең бир күйүт - Бекзаттын күйүтү бириктирип турганын жүрөгү менен сезди. Эриндери дирилдей түштү. Демейде Зиректин кейпинен көңүлү айнычу дүкөнчү аял эми аны бооруна кыса:
– Кечир мени, Бекзатым. Кечир мени, Зирек?! Убагында экөөңөр менин айымдан күкүк-зейнепке айланганыңар үчүн мени кечиргиле. Бул жалган дүйнөдө бирге өмүр сүрө албаганыңар үчүн кечиргиле! – деди да, Зиректин жашка чыланган көздөрүнө тиктеди:
– Ыйлаба, кызым, эми экөөбүз бир үй-бүлөбүз. Неберемди табабыз.
Бири улуу, бири жаш эки аял кучакташып калышты.
(Аягы)

Жыпар Исабаева
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   mega777   06 Октябрь 2016 - 01:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

"Ангемелер" темасы менен бириктирилди.
belka,ангемелерди жазууну ушул темадан улантсаңыз болот.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 06 Октябрь 2016 - 01:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 12:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сулуу


Таң агара баштаганда жумушунан чыккан кыздарды түнкү клубдун машинеси үйлөрүнө жеткирип келатты. Бул суйкайган сулуулардын кызматы ар күнү кеч киргенде башталып, таңга жуук бүтөт. Эки кыз өз үйлөрүнүн жанынан түшүп калгандан кийин машинеде Айгерим гана калды. Ал шаардын бир четинде батирде турат. Ушул атактуу клубда иштегенине жыл айланып барат. «Кайдасың?» дегендерге «ашканада түнкү мөөнөттө иштейм» дейт. Чындыгында андай эмес. Ал чөнтөгү калыңдар гана келе турган шаардагы эң атактуу түнкү клубда кардарлардын көзүн кубантып, көңүлүн жубатуучу болуп иштейт. Ушундай да жумуш болот бекен дешер? Көрсө, болот экен.
Айгерим адегенде кайсы бир билим берүү мекемесинде менеджердин жардамчысы эле. Анда иштеп жүргөндө күйөөсү менен ажырашты. Болгону бир гана жыл жашады экөө. Айгеримди бир көрүп жактырып, алдына чөгөлөп, баскан изин өөп жүрүп үйлөнгөн күйөөсү ченде жок кызганчаак болуп чыкпадыбы. Кадам сайын обу жок кызгана берген адатынан Айгеримдин көңүлүн кир чалып, капаска түшкөн куштай өзүнөн өзү чүнчүп кетти. Сулуу келинчекти кайсы күйөө кызганбасын анан. Бирок ар нерсенин чеги бар эмеспи. Чындыгында Айгерим чеберлер колго жасагандай келишимдүү эле. Эркек тургай, аялдар кыйгач карап, сук артып өтүшөт ага. Сулууга ич тардык кылып, көрө албаган аялдар да көп болот. Анын ажарлуу жүзүнө, жүзүмдөй мөлтүрөгөн көздөрүнө, жибектей төгүлгөн чачына бой-мүчөсү куп келишип, көргөн жандын көзүн кубантып, өзгөчө катын жандууларды суктантып да, ойго салып да койчу. Аялдын сулуулугу түшүнгөн кишиге керемет да. Муну байкап жүргөн күйөөсү Айгеримге саат сайын телефон чалып, бир аз кечиксе же жооп болбой калса эле чуулган салып издеп, андайда түнү менен сурак жүргүзүп чыкчу. Кээ күндөрү айтпай-дебей жумушунун босогосунан күтүп турчу. Үйгө келгенде кол телефону текшерүүдөн өтчү. Бара-бара “иштебей эле үйдө олтур” дегенге өттү. Минтип олтурса Айгеримдин бүт өмүрү күйөөсүнүн сурагынын алдында өтөт окшобойбу. Күйөөнүн мындай мамилеси аялды жеп салат эмеспи. Айгерим акыры чыдабады. Ал сыртынан сымаптай мөлтүрөп, жазгы гүлдөй үлбүрөп турганы менен мүнөзүндө чечкиндүүлүк бар эле. Мындан ары минтип жашоого болбостугун түшүндү да, аргасыз ажырашып тынды. Ошондон көп өтпөй мекемеден чыгып келатса, алдын тосо баскан чоочун аял кайсы бир кирешелүү кызматтын дареги жазылган алакандай кагазды сунду:
– Маянасы абдан чоң. Ачык эле айтайын, сулуулар гана иштей турган кызмат. Жакшы иштесең, айлыгың миң доллардан өйдө болот. Барсаң, өкүнбөйсүң. Калганын кожоюн өзү да түшүндүрүп берет.
– Кымбат төлөсө оор жумуш го дейм?..
– Жо-ок, таптакыр оор эмес. Боёнуп-жасанып, татына кийинип гана олтурасың, кыскасы анын баарын өздөрү жасап беришет. Кийген кийимиң да клубдун эсебинен болот.
– Ошондо мен эмне жумуш кылам? – таң кала сурады чыны менен түшүнбөгөн Айгерим.
– Биздики эс алуу борбору. Ичинде рестораны, мейманканасы, түнкү клубу, саунасы бар. Түнкү клубга көбүнчө бай эркектер келишет. Алар сендей сулууларды көрүп эс алып, дагы көбүрөөк олтурууга мажбур болушу керек. Көпкө олтурган кардарлар көбүрөөк буйрутма берет. Кыскасы, сулуулардын милдети – клубга көбүрөөк киреше түшүрүү, - деп түшүндүрдү аял. Анан дагы кошумчалап: - Чоң кыз, бул кызмат сойкулардын ишине таптакыр окшошпойт,- деп узап кетти.
“Ушундай да жумуш болмок беле?” деп ойлонгон Айгерим кечинде кагаздагы дарек боюнча кызыгуу менен телефон чалды. Кожоюн эртеңки күнгө аңгемелешүүгө чакырды. Айтылган саатта анын кабинетине баш бакты. Ушул чоң шаарда жашап туруп, мындай көз тайгылткан өтө адеми эс алуу жайын көргөн эмес экен. Көчөдөн өткөндө сыртынан көп имараттын бири сымал анчейин байкалбайт. Ичине киргенде Айгеримдин оозу ачылды. Чет өлкөгө түшүп калгандай болот экен киши.
Кожоюн Темир деген жигит ачык-айрым сүйлөгөн, ийкемдүү, көөдөнүндө абийири бар адам көрүндү. Жашы отуздан ооп, кыркка чамалап калгандай. Айгеримди жылуу кабыл алып, баштатан көрүп-билип жүргөн таанышындай шар сүйлөшүп, иштин жөн-жайын түшүндүрдү. Айгерим не болсо да иштеп көрүүнү чечти. Баарынан да аны кызыктырганы – маянасы болуп жатпайбы. Канчага чейин өкмөттүн чектелүү айлыгы менен битиреп жашайт эле? Ушуларды ойлогон Айгерим баштагы кызматынан арыз жазып чыгып, түнкү клубга айтылган күнү ишке келди. Адегенде эле иштеп баштаган жок. Аны көп даярдыктан өткөрөт экен, көрсө. Ириде кооз басканды, элпек олтуруп-турганды үйрөтүштү. Өзүнө чактап кечеге кийчү көйнөктөрдү тиктирип, ага ылайык туфлилерди алып келишти. Анан боёнуунун, чач жасоонун ыкмаларын үйрөтүштү. Кыскасы, кардарларга эч кынтыксыз периште болуп көрүнүшү керек экен. Андан кийин аларга жылуу-жумшак, кылыктуу мамиле жасаганды үйрөтө башташты. Мындай нерселер көңүлүнө чоочун болуп турса да, иштин андан аркысы кызыктуу сезилди Айгеримге.
Ал жалгыз эмес экен. Үч кыздын үстүнө төртүнчү болуп кошулду. Тигилер өз кызматтарын кадимкидей аткарган тажрыйбалуу консуманткалар экен. Айгерим мындай кызматтагы кыздарды «консумантка» деп айтарын биринчи жолу укту. Ошентип, ал өмүрү оюна келбеген жумушту жасоого киришти.
Ак куудай койкоё жасанган сулуу Айгерим кечки клубда бир үстөлдө суусундук уур­тамыш болуп жалгыз олтурду. Жасалма олтурушу өзүнө жакпай коомайланды. Майрамдын алды болгондуктан бүгүн киши көп эле. Кубулжуган музыка ойнолуп, экиден-үчтөн келгендер, топтошуп олтургандар өздөрү менен өздөрү. Аңгыча каптал жагындагы үстөлдөн көз салып олтурган жигит басып келип:
– Сиздин жаныңызга олтура турсам болобу? – деди.
– Болот. Олтуруңуз.
– Бирөөнү күтүп жатасызбы?
– Ооба, курбу кызым келмек...
– Анда ал келгиче жалгызсырабай биздин үстөлгө жүрүңүз? Жигит колун көкүрөгүнө коюп, чын дилинен чакырды. Айгерим эми үч жигиттин ортосунда олтурду. Тигилер жоодураган сулууга батынып мамиле кыла алышпай, адегенде коомайланып жатышты эле, аларды бара-бара Айгерим өзү сөзгө тарта баштады. Анын кызматтык милдети кардарлардан көбүрөөк пайда түшүрүү болгондуктан үстөлдөгү жок нерсени айтып буйрутма бердиргенди да унутпоо керек. Ал ортодо өзүн табышмактуу кармап, сөз арасында тигилерге да жүрөк жылытарлык кеп таштап туруу шарт. Айтор, эркектердин көңүлүнө көрүнбөгөн кайырмак таштоо зарыл. Ичине “ысытма” барып, телегейи тегиз тартып калганда эркектериң баарына даяр болот эмеспи. Ошентип, алгачкы иш башталган күнү курбу кызы “келбей калды”. Ал кечти алиги үч жигит менен өткөрдү. Чын эле акчалуу, март жигиттер экен. Оо түн жарымы оогонго чейин кармады аларды. Кандай эркек болбосун, купулуна толгон кыз-келин менен байланыш түзгүсү келери турган кеп да. Бирок консуманткалар иштин тартиби боюнча, кардарларга өз аты-жөнүн, дарегин бурмалап айтат. Анткени эртеси кулагы тынч болушу керек. Алар менен чогуу чыгып кетүүгө да болбойт. Келишимдеги эреже ошондой. Таза иштөө керек.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 13:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Айгерим бул ишке акырындап көнүп, бара-бара тажрыйбалуу да боло баштады. Алган маянасына чөнтөгү кадимкидей калыңдай түштү. Ар күнү кардарлардын аягы суюлган кезде кыздарды үйлөрүнө атайын машине жеткирет. Мына азыр да Айгерим батиринин жанына машинеден түшүп калды. Бир бөлмө үйүнө кирери менен босогодон шиш такалуу туфлисин чечип, тамандарын жерге койгондо жаны жыргап эс ала түштү. Белиндеги курун бошотуп, сөйкө, шакектерин чечип, башындагы чач бастыргычтарын сууруп алганда андан бетер жеңилдеди. Анан бетиндеги боёкторун тазалап, жуунду. Халатын кийип диванга чалкалап жата кетти. Жумуштан келгенде шыр уктап кете албай аркы-беркини ойлоп, ушинтип көпкө түйшөлүп жатат. Кардарларын эстейт. Түнкү клубга кандай гана адамдар келбейт. Кээ бирлери аялга сый-урматтуу мамиле жасаса, кай бирлери - акчасынан башка көөдөнүндө кымындай данеги жок торпок көздөр. Дүйнөдө алардан башка киши жоктой олтурушат. Арак ичкендери да элден башкача. Кулкунга серпип коюшуп, ошону өнөр көрүшөт. Көпчүлүгү консумантка кызды жеңил баалап, арам ой менен эркек катары бир жолу пайдаланып калсам деп көздөрү кызарат. Муну түшүнүп турса дагы сыр бербей, аялдык кааданы сактап ого бетер тигилердин бүйүрүн кызытышат. Милдет ошондой. Турмушундагы кайсы бир көйгөйдөн кыйналып жүргөнүн сыр кылып айткан эркектерге болсо көңүлүн жубаткан ылайыктуу сөз таап, аларды клубда узагыраак кармашат. Эркегиң деле жакшы сөзгө муктаж да. Бир караганда бул жумуш оор деле эмес. Бирок Айгерим үчүн жан дүйнөсүнө ылайык келбеген айла жоктун иши. Чындап келсе, кайсы аял эле көңүлүнө ынабаган эркек менен мамиле түзгүсү келсин. Баарынан оору – деңгээли төмөн, аялдын кадырын билбеген эркек сөрөйлөргө жылмайып, жакшы сөз айтып турганың. Ошондойдо Айгеримди аялдык намысы кыйнап жиберет. Анан кожоюну Темирдин сөзүн эстейт. Ал да көптү көргөн кыраакы жигит окшобойбу.

– Кардарлардын мамилесин, сөздөрүн жүрөгүңөргө кабыл албай, кулактын сыртынан кетиргиле. Алар келип-кетмелер, силер өзүңөрдү сакташыңар керек. Антпесеңер, иштей албайсыңар. Табият берген сулуулугуңардын ырахатын көрүшүңөр керек да. Мунун эч кандай уяты жок. Азыркы талап ушундай. Бул ишке бардык эле кыздар иштей алышпайт.

Кыздар унчукпаганы менен жетекчинин айткандарына макул.

Күнүгө майрамдагыдай боёнуп-кийинүү, чачты ар күнү жасалгалоо – аялга түйшүктүү иш. Анткени өзүн эркин сезе албайт. Шиш така буттарын чарчатса да, үлбүрөк көйнөк үшүтсө да, жалтырата лакталган чачтары тартылып, ыңгайсыз болуп жатса да куурчактын кебин кийгенсип, койкоюп наздуу олтурушу керек. “Сулуулук курмандыкты талап кылат” деген ушул эмеспи. Баарынан да кээ бирөөлөрдүн кемсинте мамиле кылгандары иренжитип, Айгеримдин эркек аттуудан көңүлү калып барат. Өз натурасын жоготкусу келбеген Айгерим маянасына деле кайыл болуп, бул жерден кетүү жөнүндө ойлоно баштады. Бир күнү арызын жазып кабылдамага таштап койду. Эртеси аны Темир өзүнө чакыртты. Айгеримдей кыздын кетиши ага оңой эмес. Кайра ошондой сулууну таап үйрөткөнчө канча убакыт керек? Анын үстүнө ал акыл-эстүү, ишенимдүү кыз экенин өзү алдыртан байкап жүрбөйбү. Биринчи келген күнү эле эстүүлүгү көздөрүнөн көрүнгөн. Чынын айтса, ошондон бери Темир да ага сыртынан көз салып жүрөт. Анан кантип кетиргиси келет?!

– Айгерим, арызыңды алдым. Кол койгон жокмун. Эмнеге кеткени жатасың?

– Мм... кандай десем? Сиздерге дооматым жок. Бирок билесизби, кардарлардан тажадым. Мында келгендин баарысы эле жеңил ойлуу кыз деп бир беткей ойдо болушат экен. Бул жумушка көңүлүм тартпай калды. Качанга чейин эле... - Айгерим чынын айтты. Темир ойлоно түштү.

– Ооба, түшүнөм. Кыздарга бир чети оор. Анын үстүнө сенин мүнөзүңө туура келбеген жумуш экенин кийинчерээк мен да байкап жүрөм, - деди. - Анан кайда барып иштейин дейсиң?

– Билбейм азырынча...

– Билбесең мен сунуш кылайын, - деди Темир Айгеримди кетирбей калуунун амалын издеп. Бул сунушун арыз колуна тийгенден бери эле ойлонуп жаткан.

– Кандай сунуш айтасыз?

– Үй кызматчысы болуп иштейсиңби? Ал жерде оор жумуш жок. Маянасы мурдагыдай эле. Макул болсоң, азыр эле алып барып көрсөтөм.

– Ойлонуп көрөйүнчү, - деди Айгерим күтүүсүз сунушка эмне дерин билбей.

– Анын эмнесин ойлоносуң? “Ойчул ойлонгончо тобокелчил тоо ашыптыр” дейт. Жүрү, азыр эле көрсөтүп келейин.

Экөө түз эле сыртка чыгып, машинеге олтуруп жөнөп кетишти. Темирдин ушундай шар мүнөзү бар экен. Маселени турган жерден эле чечип баштайт. Жолдо Айгерим үн катпай, ичинен кыжалат болуп баратты. Аңгыча көчөдөн көчөгө бурулуп, тез эле бир үйдүн дарбазасынын алдына келип токтошту.

– Мына ушул үй, - деп Темир дарбазаны ачып Айгеримди ичкери кийирди.

– А бул кимдин үйү?

– Меники. Мен жалгыз жашайм бул жерде.

Айгерим тык токтоду. Үйгө кирүүгө буту тартпай кооптонуп калды.

– Эмне болду? Кире бер. Жалгыз жашаганым жакпай калдыбы?

– Жо-ок, - деп мукактанды кыз.

– Жалгыздыгым өзүмө да жакпайт. Бирок тагдырым экен. Көнүп да баратам.

Босогону аттаары менен Айгерим көптөн бери аялдын колу тийбеген үйдөгү иретсиздикти байкады. Терезедеги гүлдөр суу куюлбай эчак эле соолуп, куурай болуп калыптыр. Бирок бардык шарттары бар, жасалгасы сонун үй экен.

– Кел, олтур, азыр кофе ичебиз, - деди да Темир ашканага кирип газ күйгүздү. Айгерим дале кооптонуп үндөбөй олтурду.

– Мен сага өз жөнүмдү айтып берейин. Алиги эс алуу борборун башта аялым экөөбүз иштетчүбүз. Кожоюну башка эле. Кийин сатып алдык. Адегенде көпкө чейин ишибиз жылбай кыйналганбыз. Бара-бара жакшы болду. Кийин бул ишти мага коюп, ал өзүнчө дүкөн ачты. Аялым ошол кезде бирөө менен сүйүшүп калыптыр. Бир күнү мага ачык айтты: «Биздики олуттуу мамиле», - деди. Мен башка чапкандай дал болуп калдым. Кызымды ээрчитип ал кишисине турмушка чыгып кетти. Анысы элге белгилүү чиновник. Атын айтпай эле коёюн. Аны баары таанышат.

– А сиз аялыңызга макул болуп кала бердиңизби анан?

– Кете турган аялды камап коё албайсың да. Анын үстүнө көңүлүм сууп калгандан кийин кантип жашайм?! Бактылуу болсун дедим. Бир гана кызыма ичим күйөт.

Кофе ичип олтуруп Темир өзүнүн жөн-жайын ушундайча түшүндүрүп берди. Анан үйдөгү иштин жайын айтты:

– Ушул беш бөлмө үйдү өзүң каалагандай иреттесең болот. Мен канча аракеттенсем деле жакшы жыйнай албайм. Үйгө эмне керек болсо, баарын тизмелеп кой. Мен алдыртып берем. Маянаң жетиштүү төлөнөт. Каалаган күндөрүңдө эс алсаң болот.

Ал ойлонууга мүмкүндүк бербей эле Айгеримдин милдеттерин айтып, аны иштөөгө мажбур кылып койду. Ошентип, Айгерим үй кызматчысы болуп иштей баштады. Тигил жумушуна караганда жанына тынч экен. Үй жыйноо кара жумуш болгону менен аялга канагат берет. Айгерим өзү менен өзү болуп бөлмөлөрдү иреттеди. Эшик алдындагы каралбай чөп басып, жүдөп турган гүлдөрдү сугарып, отоп койду. Аны чоочундабай үмүттүү карап, куйругун шыйпаңдаткан итке тамак бергенди да унутпады. Кечкисин Темирге кичине казанга тамак даярдап, үстүн жылуулап жаап, термоско чай куюп кетип жүрдү.

Темир кечинде келген сайын үйүнүн жаркырап калганын, ысык тамагы даяр экенин көрүп күнүгө кубанчу болду. Асмандан кут түшкөндөй үйүнүн ичи жарык, жылуу болуп, береке кирип калбадыбы. Билген кишиге аялдын колу алтын да. Ушуну сезген Темирдин көңүлү сергек тартып, Айгеримдин өзү гана эмес, жасаган иштери да сулуу экенин ойлоп ыраазы. Мурда ишинен кеч кайтчу болсо, эми негедир көңүлү үйүнө тартып турчу болду. Айгерим да саатты улам тиктеп аны күтө баштайт. Экөө бири-бирине бара-бара ишеним артып, бири-бирине көнүп баратышты.

– Сен кетип калбачы, кечки тамакты чогуу ичели. Анан өзүм жеткирип коём. Болбосо тамакты соксоюп жалгыз ичкеним кыйын экен, - деп суранды Темир. Ал күнү чогуу тамактанышты.

– Өзүм куюп ичсем мындай эмес, сен сунган чай ысык болот экен, - бул тамаша-чыны аралаш сөзгө Айгерим да кубанып калды. Чынында эле ошондой эмеспи. Жалгыздын иши жалгыз. Аялдын колунан ысык чай ичүү – эркекке бакыт да. А аялдын төрт дубалдын ичинде шыпты тиктеп жалгыз жатышы - барып турган бактысыздык. Табият аялдын жүрөгүнө тубаса мээрим салган. Аны жакын адамдарына жумшасын деген.

Булардын ортосундагы бири-бирине болгон жылуу мамиле, ишеним ушуга алып бардыбы же тагдыр өзү ушундай түзүлгөнбү, айтор, алар акырындап кантип бир үй-бүлөгө айланып калганын өздөрү да байкабай калышты. Жайдын толук кезинде жоро-жолдошторду чогултуп, өз ресторанына чакан той өткөрүштү. Ал күнү ресторан кызматкерлери тойдун коногу болуп олтурушту. Айгеримге тымызын атаандашып жүргөн кай бир кыздардын ичтери тарыбай койгон жок. Алардын арасында Темирди жылуу тиктеп жүргөндөрү да бар болчу.

* * *

Айгеримдин демилгеси менен короодогу бактын ичине кечки салкында олтуруп чай иче турган сөрү жасатып, тегерегине гүл айдамак болушту. Бул сунуш Темирге абдан жакты. Даяр сөрү сатып келсе, аны темир усталар ширетип орнотушу керек экен. Жарнамадан издеп олтуруп темир ширеткичтерди чакырды. Эртеси шымаланган эки жигит жабдыктары менен келишип, шыр эле ишке киришти. Бир маалда сыртка чыга калган Айгерим балка кагып жаткан баягы кызганчаак күйөөсүн көрдү. Ал дагы бир саамга тиктеп, тааныш көздөр тиктеше калды. Айгерим шарт бурулуп үйгө кирип кеткенче шашты. Бир аздан соң Темир босогодон баш багып:

– Айгерим, чай-пайың даярбы? Тигилер бүткөнү калышты, - деди.

– Даяр эле... – деп коомайланды келин.

Мындайды күтпөгөн Айгерим улам бир идишин кармалап карбаластай берди. Аңгыча Темир кайра баш бакты:

– Чайды жөн эле кой, шашып жатышыптыр. Кетебиз дейт. Андан көрө нан ооз тийишсин.

Кыжалат болуп турган Айгерим жеңилдей түштү. Баары бир сыртка подноско нан, сары май көтөрүп чыкты. Кызганчаак күйөөсү нандан баш тарта алган жок. Темир дарбазаны ачып жаткан маалда бир үзүм нанды шашпай сары майга малып жатып:

– Сен түнкү клубда сойку болуп иштечү эмес белең, тигинин башын айлантып тийип алган экенсиң да, - деди үнүн пас чыгарып.

– Жалган угупсуң, эч качан сойку болгон эмесмин, - деп шарт бурулуп үйгө кирип кетти Айгерим.

Ошентип, бак ичине орнотулган сөрүгө жылуу-жумшак төшөк салынып, жайкы кечте олтуруп чай ичишти. Жайдын коңур желине жаш теректердин жалбырактары шуудурап, жагымдуу бир кеч болуп турду.

– Карачы, аба сонун, чөп жыттанат. Кел, бүгүн сыртка жатабыз, - деди Темир.

– Сырткабы? Корком да мен? - ал эки жагын тегерете тиктеп алды.

– Эмнеден? Мен бармын го жаныңда.

Айгерим шыңк этип жайдары тартты. Анын күлкүсүндө күйөөсүнө болгон эркелиги да, сүйүүсү да бар эле. Анан жууркан, төшөк, жаздыктарды ташып келип, керилте төшөк салды. Үшүп калбайлы деп калың жууркан жапты. Жылдыздары жыбыраган жайкы түндө саратандын үнүн тыңшап, курсагында бир айлык түйүлдүгү бар экенин али биле элек Айгерим күйөөсүнүн жылуу койнунда мемиреп уктап кетти.

(Аягы)

Элмира Ажыканова
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   belka   06 Октябрь 2016 - 14:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Алгачкы махабатым


Мен анда он беш-он алтыдагы боз бала элем.
Күндөрдүн биринде менден алты-жети жаш улуу Кабылбек аттуу аталаш агам айылды дүрбөлөңгө салып коңшу кыштактан кыз ала качып келди. Жаңы жеңем тээ далайга чейин ыйлап, отурбай ызы-чуу салып, а бирок бечараны ар кимиси ары булкуп, бери булкуп, кээ бири:
– Ботом, бу кандай бетпак кыз, тастаңдаган? ! – десе, дагы бири:
– Уяты жок! Тартипсиз! – деп тилдеп, айрымдары:
– Кой, антпе кагылайын! “Кыз жыргар жерине ыйлап келет!” Биз деле ушинтип келип эле, мынакей, өсүп-өнүп отурабыз! Ошенте гой, берекем! – деп ымала санаган болуп, атүгүл агамдын аракка алагүү болуп тоюп алган достору да келиндин каруусунан мыжыга кармап:
– Эми эмне эле болуп атасың?! – деп кекетип-мокотуп жатып акыры отургузушту.
Буга чейин мындай нерсеге анчалык деле маани бербей, кыз ала качууну жөн салды эле, мыйзам ченемдүү көрүнүш катары билчүмүн. Бул жолу болсо элдеги салтка айланып калган ушул адатка ичимден каршы болуп, жаңы жеңемди аяп турдум...
Анткен менен жеңемдин тынчып, унчукпай отуруп калганы мени да кубантты. Жеңелүү болуш жаманбы?! Үйгө кирип-чыгып жеңеме көз кырымды салам. Анткен менен эки-үч күнгө чейин жүзүн эч көрө албай койдум. Үчүнчү күнү гана жеңемди көшөгөдөн чыгарышты. Ушунчалык сулуу, үлбүрөгөн назик жан экен! Жада калса мени дагы тик багып карай албай, жер тиктейт. Карап тура берсең апакай жүзүнүн албырып, кызарып кеткеничи?!
Мен жеңеме суктанып, көзүмдү ала албай карай берчү болдум. Менин бул жоругумду Кабылбек байкем да байкаса керек, акыркы убактарда мага мамилеси бузулуп, жаман көрө баштады. Демейде эки үй бир үй-бүлөдөй болуп эле аралашып жүрсөк, эми үйүнө барганымда жактыра бербей:
– Эмне болду?! Эмнеге келдиң?! – деп кетиргиче шашат.
– Жөн эле! Эмне, келсе болбойбу?! – дейм. Үйлөнгүчө мени үйүмдөн жетелеп келип, койнуна алып жатып, бир эле күн көрбөй калса сагынып калчу агамдын минтип тез арада эле өзгөрүлүп кеткенине таң калып да, таарынып да жүрдүм.
– Тетиги Кабылбегиң жинге тийди! – деп апама келип арызданам.
– Эмне болду, ботом? – апам да таң кала карайт.
– Аял алса эле ушинтип калыш керек экен да! “Эмне келдиң? Кет үйүңө” деп!.. Барбай койсом кутуламбы?!
– Жаңы баш кошкон эмелер кенен-кесири басып-тургусу, ойноп-күлгүсү келет да, балам! Ысыгы тарагыча ошентишээр, андан кийин агаң кайда бармак эле?!
Ошондон кийин таарынып, көпкө чейин үйүнө барбай койдум.
Күндөр өтө берди. Анткен менен менин эси-дартымдын баары эле Кабылбек байкемдин үйү жакта боло берчү. Чындап келсе байкемдин өзүн дагы сагындым!
Бир күнү сабактан келатып, эмнегедир алардын үйүнө жеткенде кадамым тушалып, кылчактап калдым. “Кантип кирем?” - деп кайсактап турсам, Кудай жалгап жеңем суудан келатыптыр. Мени көрө коюп эле жаш баладай кубанып, жарк этип күлүп жиберди:
– И-ий, ырас болбодубу, эрке бала! Суумду көтөрүшүп койчу! – деп. Абалкыга караганда азыраак ачылып, жаңы үйүнө көнө түшкөндөй көрүндү.
– Биздикине эмне келбей калдың? – деди анан, - Кечке жалгыз отуруп аябай зеригип кетчү болдум. Бат-баттан келип турчу, жарайбы?
“Макул” дегендей башымды ийкеп койдум. Ошондон кийин сабактан кийин дайыма алардыкына кайрылам. Байкем ал убакта иште болгондуктан, коркпой-үркпөй кирем. Жеңем болсо мени көрүп адатынча сүйүнүп кетет да, назик күлө багып дасторконун жаят. Кадыресе чоң кишидей болуп бар кыймылынан көзүмдү албай карап отурам.
- Окууларың кандай? – дейт ал мени карабай акырын унчугуп.
– Жакшы эле! – дейм. Бирок, кийинки күндөрү жеңем караган сайын эми өзүм да сүрдөп, эки бетим ысып-күйүп, дуулдап кетчү адат таптым. Жеңем да анымды сезип алгандай, эми менден абалкысындай айбыкпай, сүрдөбөй калды. Кетээримде босогого чейин узатып келет да:
– Жакшы бар, ээ? Келип турсаң? – деп чын дилинен айтып, атүгүл эркелете чачымды уйпалап, уйгу-туйгу чачып коёт. Келатканда суулап жатып араң эпке келтирген чачым андайда үрпөйүп эле калат. “Мени кичинекей баладай көрөт окшойт!” – деп анысына ичимден арданып кетем.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Июл 2025 00:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: