А ий эй адамдын журогун тушуросунор да ээ.
Ангемелер.
#346 21 Сентябрь 2017 - 21:13
Калем ээсине рахмат айтам...
"Сага рахмат!"
( ангеме)
- Суротко тушосузбу?
Кутуусуздон чыккан унго тык токтодум. Суротко тушкум келгенинен эмес. Бул конур чыккан жагымдуу добуш мага тааныш эле. Конгуроонун шынгырындай мукамдуу угулган ушул унду миндеген адамдардын арасынан жазбай тааныйм дечумун. Андан бери он жыл отконуно карабай чыккан добушту дароо тааныдым. Он жыл бул ото деле узак убакыт эмес. Бирок ушул он жыл ичинде канча деген суулар акты., канча деген тандар атып, канча деген кундор батты. Аткан тан менен кошо жаралган омур болду. Баткан кун менен кошо батып кеткен омур болду. Тандын таасириндей конулду кокко алып учуп, кубанычка мас кылган бактылуу коз ирмемдер менен катар батып кеткен нурдан кийинки салкын желдей жан дуйнону ушуткон кайгы журокту эчен ыйлатты.
Ойго термелип туруп калган мени быйтыйган кичинекей колдору менен уулум тарткылады. Кубанычым, берекем, жашоомдун жарыгы. Остуруп койгон кара тармал чачтарынан сылап, атасыныкындай мээримге толуп турган коздорунон ооп койдум. Уулумду колума которуп артыма бурулуп карадым. Фотоапаратыны мойнуна илип алып сен турупсун. Он жыл убакыт сенин мурдагы далайлар суктанган кебетенди бир аз жудоо корсотуп коюптур. Устундогу эскирип бараткан кийимдерин сенин уй було кутконунду, ошол уй булонун турмуш деген туйшугу бир топ эле кубатынды алып, мойнундан жакшы эле басып алганын далилдеп турду. Болбосо студент кезинде да кийимдин жакшысын алып кийип, капкара чачтарынды кундо лактап коп убактынды коп акчанды озунду кароого жумшачусун. Бакырайып кулмундоп турган кара коздорун, суз тарта тушуптур. Жоон кара каштарын аппак жузун да мурункудай сулуу корунбой мунайым тартып турат.
Курон койногумо тусполдош жоолугумду башыма жарашыктуу салынып мойнумду ороп алган мени коруп кай жерден кордум эле деп ойлоно туштун да эстегенде коздорун чоноюп кеткенсиди. Ооба тааныдын. Тааныган менен оозуна соз кирбей жалдырап туруп калдын.
- Жок биз суротко тушпойбуз. Ушуну айттым да ары карап басып кеттим.
Мезгил мени да баягы айылдык кара кыздан агарган кой коздорундо бакыттын нуру тамып турган сулуу аялга айландырган эле. Кара кыздын агынан эмес багынан деп жон жерден айтылбаптыр да корсо. Ошол озун берген азапты кубанычка бакытка алмаштырып кайра озумо тартуу кылган тагдырымдын чон белеги жолдошума чексиз ыраазымын.
Бала кезимде озум кыялданган кара жарашыктуу сакалдары бар кашы козу кара жада калса айдаган машинасы да капкара, кара классикалык стилдеги костюм шымга жараштыра кийип алган аппак койногу ак носкиси менен жакшы айкалышкан кара жылтырак туфлиси бар кен далылуу мырзага мен тагдырдын таштак жолунда жолугам деп ойлобогом. Ошол таштак жолдон дангыр жолго озу менен кошо алып чыгып бакытка болой турганын да билген эмесмин.
Биз сен экообуз биринчи жолу да азыркыдай болуп жолугуп таанышканбыз. Бирок азыр сени коруп калам деп эч ойлобогом. Ал тургай сени эстебей калганым качан.
Анда мектепти аяктап жогорку окуу жайга тапшырууга жаны эле келгем. Тогузунчу классты бутуп эле окууга тапшырып шаарга келе берген курбу кызым бар эле. Ошол суранып жатып эжемди кондуруп, экообуз борбордогу Алатоо аянтына келгенбиз. Аянтта эл коп экен. Айрыкча бизге окшоп айылдан келгендер. Эки жыл шаарда журуп калган курбумдан айырмаланып, мен анча эле кара болчумун. Сейилдеп журдук. Кооз фантанды карап турган мага курбум кайрылды
- Жур мароженное жеп келебиз.
- Мен бир аз ушул жерде тургум келип жатат.
- Макул анда мен сатып келем, сен ушул жерден жылбай тур же тээтиги скамейкада отуруп тур.
- Мейли.
Кокко атылып жаткан фантанды карап тургам.
- Суротко тушосузбу.?деди кимдир бироо. Карасам куло карап сен турган экенсин. Устундогу жапжаны кийимдерин, узунураак чачындан кооз кылып жасап алган чач жасалган, кашкайган аппак тиштерин аябай озуно жарашып туруптур. Уялып кеттим.
- Мен бироону кутуп жаттым эле. Азыр келсе экообуз тушобуз.
Фантанды кызыга карап жатканымы байкадын да ошол мумкунчулукту колдон чыгарбай эпилдеп кирдин.
- Чон кыз каранызчы кандай сонун болуп атылып жатат. Сиз дагы сулуу экенсиз. Ушундай сонун жерде суротко тушуп койсонуз эстелик болот курбунуз келгенде дагы тушосуз.. Менин макулдугумду кутпой эле фотоапаратынды даярдай калдын.
- Бир аз мындайрак жылыныз, ии дагы боолду. Эми жылмайыныз. Тартам . Чырк эткизип тартып алдын. Андан кийин да ар кайсы жерге алып барып 4-5 жолу тарттын. Суротко тушом деп журуп курбумдун айтканын унутуп калыпмын. Шашып фонтандын жанына жоноп калдым. Сен кошо бастын.
- Атыныз ким?
-Арууке.
- Менин атым Максат Макс деп койсонуз болот.
Максат менден уч жаш улуу экен.
-Арууке телефонуну берип турасынбы бироого чалып алайын.
Телефонун берейин деп кайра алып качып кетсечи деп ойлодум
- Номеринизди айтыныз мен чалып берем. Ал номерин айтып мен ошол номерге чакыруу жибергенде баланын которуп турган сумкасынан музыка чыкты. Бала телефонун алды.
- Рахмат номеринди сохранить этип коем.
- Омей жиндисиз го бироого чалам дебединиз беле?
- Ошентип албасам баары бир номеринди бермек эмессин да туурабы?
- Билбейм.
Курбум келип дагы суротко тушуп анан айланып журур суротторду сатып алып кеткенбиз.
Андан кийин мага чалып журуп оо копто жолугууга кондургонсун. Бара бара баттан жолугуп журдук. Коп жакшы кундорду откордук. Бир жолу досунун туулган кунундо достору сага болбой ичирип коюшту. Бул учурда сен озун чакан салон ачып ошону иштетип жургонсун.
Ошол каргашалуу куну мен сени такси менен уйуно жеткирип барганмын Андан мурун кундуз барган болчум. Туулган кундо эки бала муштатып ызы чуу болуп жатышканда мен четте диванда уйкусурап отурган сени аран кондуруп эшике алып чыктым да уйуно алып бардым. Тополон болуп бир балекет болуп кетишинен корккон элем. Чындыгында ангектен качсан донгоко дегендей болду. Сени уктоочу болмого жаткырып озум душка чыкмакчы болгондо ментшап колдон кармадын Башында чоочубай эле колумду бошотуп алмакчы болгом. Бирок сен мени озуно тарттын да ар жеримден аймалап баштадын.
- Максат жон
Токтоюн деген туру жок. Башына келип калган арам оюн бут акыл эсинди бийлеп озунду кармана албай ыплас ишке шашып жаттын. Мен чынырып сени менен колумдан келишинче кармаштым. Бая эле уйкусу келип кулаганы турган сенин мынча кучту кайдан тапканына танмын.
- Максат суранамын тийбе. Убалыма калба. Ыйлап жаткан менин созумду уга турган эмессин.
- Коркпо биз уйлонуп алабыз, баары жакшы болот. Мен сени алам.
*******
Кызды чыныртып жатып шымын ич кийимин менен кошо чечип ыргытып акыры мудоосуно жетти.
- Акмак мен сени жон койбойм турмодо отурасын акмак. Кыз ыйлай берди.
- Эмне мен сага корсотом акмак кандай болоорун. Жаалданган бала кызды бетине чаап чаап жиберди. Кыздын бут денеси ооруп тагдырына наалат айтып жатты. Ордунан туруп душка кирип эшигин жаппай эле устундогу чечилбей калган кофтасы менен сууну ачып ванага тушту да ыйлап отура берди. Бир убакта чыгып кухня жака басканда баланын уктабай эле телефондон уйкусурап суйлошуп жатканын укту.
- Ооба уйго келдим, канчоонор келесинер? Кыз азыр эле болуп откон окуядан журогу тушуп калган. Дагы балдардын келээрин билгенде балага байкатпай кирип кийимдерин алып чыкты да кийинип сыртка чыгып кетти.
Жаан майдалап жаап жатыптыр. Бара бара куя баштады. Кызга баары бир эле. Жашоонун нуру очкондой жаанда темселеп кетип баратты. Устундогу суу кофтасына жаандын суусу кошулуп калчылдап чыкты. Аны деле этибар албай кетип барат. Бир чон куркуроп аккан дарыя бар эле. Ошол жердеги копурого барып Максат экоо далай жолу сырдашкан. Ошол жакты карай басты. Жетип тосмого чыгып сууга боюн таштамакчы болгондо каруу колдор секиртпей кармап калды. " Периште " деп ойлоду. Чындыгында бул анын жашоонун периштеси эле. Кыз эсин жоготуп баратып эркектин жузун чала коруп калды.
Эсине келсе ооруканада экен. Айланасына коз жугурто карады. Озунон башка эч ким жок. Арыда дагы бир кроват . Андагы аппак тошоктор анан озунун жанындагы турган тумбочканын устундогу дары уколдор оорукана экенин далилдегендей. Башы ооруп, эти ысып чыгыптыр. Тамагы кургап суусап да калыптыр. Ордунан турайын деп калганда сырттан кирип келген сулуу кыз чуркап келип тургузбай кармап калды.
- Жатыныз, сизге турууга болбойт, капельница салынып турат.
Кыз капельницаны эми байкады, кайра жатып калды. Кызык мунун ким алып келди бул жака. Кечооку окуяны эстегенде козунон жаштар агып кетти. Денеси дале салмактанып турат.
- Мени бул жака алып келген ким? Сиз кимсиз?
- Сизди бул жака биздин кожоюнубуз алып келди. Ал озу Кытайга учуп кетти. Мен анын уй кызматчысы болом. Атым Алия. Сиз бир жума бул жакта болуп дарыланасыз.
Эки кундон кийин Арууке кетем деп чыкты. Врачтар акырын айтып кондуро албаган сон бироосу урушту.
- Жакшылыкты тушунбогон кандай кызсын. Сени алып келген адам сени тааныбай турганын айтты. Тааныбаган эле бироо оор абалда алып келип болгондо да менчик ооруканага жаткырып дары уколунду алып берип жаткан палатана биздин кызматыбызга акча толоп уй кызматчысын да жанына алып келип койсо толук дарыланбай кайда барасын. Кое тур дарыланып бут, озу келсин рахматыны айт анан сени эч ким кармабайт. Кыз уялып отуруп калды.
Алиядан телефон алып курбусуна чалмакчы болуп анын номерин эстей албай койду. Максаттын номерин терип баратып кайра очурду. Аны ооруканадан чыкканда арыз жазып турмого отургузат.
Тариел Аруукени жолуктурган туну достору менен ресторанда копко отуруп, ошол жактан келе жаткан. Капысынан жолдо жамгырда тенселип кетип бараткан кызды корду. Машинадан тушмокчу болуп кайра кыздын ачуулуу абалын сезип артынан айдады. Ээрчип келе жаткан машинаны деле сезбей жолдун ортосунда жаанга жуулуп кетип бараткан кыздын абалын тушунгондой болду. Убагында Тариел да далай кыздарды сыздатып жасаган кылмышын акча менен жаап журду. Ал адаты уйлонгондон кийин да калбады. Мына мына наристелуу болобуз деп турганда аялы киши колдуу болуп олуп кетти. Дуйносу урап калгандай болду. Аялын суйот эле. Ата болом деп ошол кунду чыдамсыздык менен куткон. Андан кийин ичип кетти. Ким олтургонун таппай коюшту. Болду болбоду соттон акыйкат таппай калган кыздардын бироосу. Бирок кимиси экенин элестете да алмак эмес. Ошол ичип кеткен учурда уйгур досу аны бир куну ичирбей жуундуруп тазалап осуп кеткен сакал мурутун алып мечитке ээрчитип барды. Ошол кундон кийин мечиттин сыйкыр кучу озуно тартып исламдын жарык дуйносуно алып келди. Андан бери эки жыл откон эле. Бизнесинде чон ийгиликтер болду. Жан дуйносу тазарып жардамга муктаждарга коп жардам кылды. Откон катачылыктарын эстеп катуу кайгырчу.
Копурого жетип анын капталында тосулган тосмого чыгып жаткан кызды коруп жетип барып куткарууга улгуруп калды.
Бир куну Алия, Арууке, Тариел болуп колго барышты. Кол жээгинде копко басышты. Элден оолактап эч ким жок жагына келишкен. Ошол жерден жакшылап таанышып, копко сырдашты. Тариел Аруукенин Максатты сотко берем деген ойлордон кайтарды.
- Жазалоого бир гана жараткан акылуу. Ал соттобула да соттотпогула деген. Жон кой тагдыр озу эле жазалап коет андан коро анын куноосунун кечирилишин суранайлы дуба кылып.
Ошентип Арууке экоо уйлонуп калышкан. Ата- энесине барып колун сурап, салт болуп калгандай калынын берип Аруукени себи менен оз уйуно алып келген. Башында жакпаган муноздорун байкамаксан болуп акырын дан айтып тарбиялап алды. Уга билгени менен акылдуулугу коп жардам га келип жакшы аялга айланды. Нике ысык деп айтылгандай ортолорунда суйуу жаралып чексиз бактылуу эле. Бактыларына бакыт кошулуп уулдуу болушту. Атын Ислам коюшту. Тариел аябай кубанып озу жардам берип турган жакыр уй булолорго акча тартты. Жаратканга ыраазы болуп сыйынып жатты. Андан кийин кыздуу болуп атын Сумая коюшту. Азыр ээрчитип жургону
учунчу уулу Хан.
Максат болсо бизнестен такыр жолу болбой эмнегедир эле иши аркага кетип ачкан автомойкасын да фото салонун да жапты. Кайрадан фотоапаратын колуна алып уй булосун аран багып калды.
Корсо биз коптогон инсандар бактылуу боло албай бакытты ар кайсы нерседен издейт экенбиз. Дин журоко тынчтык, уй булого бакыт алып келет экен. Пенделер коп каталарга жол беребиз бирок анын баарын жакшы иштер менен улап кетууго эч качан кеч эмес.
Жол жээгинде турган капкара гелендвагендин арткы эшигин ачып уулун чыгарып узун курон койногунун этегин бир аз которуп озу да отуруп, айдоочусу айдап жоноду. Машинанын айнегинен Максатты карап бугунку бакытым учун рахмат сага деп койду ичинен.
Айчурок.

#351 24 Сентябрь 2017 - 11:20
"Сага рахмат"темасы менен бириктирилди.
Ангемелерди ушул темага жазабыз.
Ангемелерди ушул темага жазабыз.
#352 07 Ноябрь 2017 - 01:10
ЭНЕНИН КУТУУСУ
Орто жаштагы аял үйдө тынчсызданып ары-бери басып жатты. Буюмдардын ордун алмаштырып, жоолугун оңдоп, арасында ашканада бышып жаткан тамагын карап жүрдү. Сырттан бир үн угулса, дароо терезени карап, коңгуроонун үнүн угуп сүйүнүп эшикке барганда башка бирөө экендигин билип капаланды. Жалгыз уулунун жумушу борбордо болгондугуна байланыштуу эки айдан бери үйүнө келе элек. Аял эшиктен ошол уулунун кирип келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты.Ар майрамда уулунун: “Апаке, 8-Март майрамыңыз куттуу болсун!” - деп бек кучактап куттуктаганына көнүп калган эне анын бул жолу да эшиктен жүгүрүп кирип куттуктап, анан жасаган тамактарымды жейт депэлестетти. Бирок баласы келер-келбесин айткан да эмес болчу, аял ойго батып “эгер келбесечи, уруксат ала албай калган болсочу” деп ойлоду. Ошол учурда жүрөгү уулуна болгон сагынычка толгонун сезди.Эне таң эртеден даярданып баштаган эле. Анын тынч ала албай убараланганын байкаган күйөөсү: “Эмнеге даярданып жатасың?” – деп сурап, жооп алган эмес. Соңунда аялы: “Бүгүн үйдө жумуштарым көп, сен сыртка бир аз сейилдеп басып келбейсиңби? ” – деп суранып жатып көндүрдү. “Эгер даярдыгымдын себебин билип калса, канча күтсөм да уулум келбесечи” деп ойлоду. Бир нече саат өтүп чак түш болду. Эгер келбей турган болсо, жок дегенде телефон чалып жайын айтпайбы. Болбосо ушул 8-Март күнү бир чалып «куттуктайм» деп койбойбу? Мен минтип күтүп жатам, ал эстеп да койбосо керек. “Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада” деген ушул белем...Уулун эстеген сайын эненин жүзүнө жылмаюу келип толкунданып жатты. Кайрадан дубалдагы саатты карап “демек, келбейт, жок дегенде чалып койгондо үнүн угарэлем” деп улутунду. Ушинтип ойго батып отурганда телефону шыңгырап калды. Уулунун үнүн укканы менен дароо же сүйүнүшүн, же капаланышын билбеди. Балким, уулу үйгө келбестигин айтыш үчүн чалгандыр:– Алло…– Алло, апа, кандайсыз?– Рахмат, балам, сен кандайсың?– Жакшымын, апаке.– Эмне кылып жатасың, жумуштарың кандай?– Бир аз оор болду, бирок шаарга да, жумушума да көнүп калдым.Келбей тургандыгын айтпай, же телефондо куттуктабагандыгынан улам апасы чыдамсызданып: – Жумушуңдан уруксат алдыңбы, уулум?– Ооба, апа, уруксат алдым. Сиз кайдан билдиңиз?– Кайданбы? Майрамга карата уруксат алса керек деп…– Аа, туура, бүгүн 8-Март эмеспи. Майрамыңыз менен, апаке. Мен абдан жакшы көргөн айым менен жолугарымды айтып жетекчимден уруксат алдым. Азыр анын жанына баратам.Аял титиреген, ыйламсыраган үнү менен:– Ошондойбу, ал кандай адам экен?– Апаке, сиздин тамактарыңыздан да даамдуу, шириндиктериңизден да таттуусун жасап азыр мени күтүп жаткандыгына ишенип коё бериңиз.– Мен... Жанагы... Болуптур, уулум. Айтмакчы, ал да сени сүйөт деген үмүттөмүн.– Сүйгөндүгү анык, ошон үчүн уруксатты жалгыз ал үчүн албадымбы. Атам кайда, апа?– Сыртта эле, балам. Аа, эшик тыкылдап жатат, атаң келди окшойт.– Болуптур, апа, салам айтыңыз. Мен болсо ичинен жыпар жыттар келип жаткан, эң негизгиси дүйнөдө эң урматтаган, дүйнө сулуусунун эшигинин алдында турам.– Болуптур, уулум, айтып коём. Анан дагы чал, уулум. Жараткан сага жар болсун.Эне телефонду кыйыла коюп ойго батты. Ал уулун ушунчалык сагынып, аны көрүүнү абдан каалаган эле. Эшикти ачарда көзүнө жаш тегеренип, тамагы буулуп турду. Каалга кайрадан кагылганда ачууга аргасыз болду. Ким экенин караганча үлгүртпөй мойнунан бек кучактап: “Жаным апаке, 8-Мартың куттуу болсун!” - деген куттуктоо ага түш сыяктанып кетти. Уулу экен. Ал апасы сүйгөн кара көздөрүн күлмүңдөтө: – Апаке, майрамда сизди сүйүнтүп сюрприз кылайын дедим, суранам, ыйлаба, - деди. Эненин көзүнөн сүйүнүчтүн жашы агып жатты.

#353 07 Ноябрь 2017 - 01:12
Энең сенин бейишиң.
Жол кырсыгына кабылган жигит ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер аны өлдү дешти. Жигит болсо периштелердин коштоосунда бара жатты. Бир жерге келгенде периште айтты: " Үч кадамдан кийин бейишке киресиң". Жигит сүйүнүп бир кадам шилтегенде кулагына бирөөлөрдүн ыйлаган үнү угулду. " Ким булар? " Периште жооп кылды: " Сенин балдарың өлгөнүңө ыйлап атышат. Бир айдан кийин алар ыйлабай калышат" деди. Экинчи кадамын шилтегенде дагы аябай ыйлаган үн угулду. " Ким бул?" деди. Периште : " Бул сенин аялың. Бир жылдан кийин ыйлабай калат. Балким өз бактысын таап жашоосун улантат" деди. Үчүнчү кадамын шилтегенде, өтө аянычтуу ыйлаган үн угулду. " Бул ким ? " деди. Периште болсо : " Бул сенин энең. Өмүр бою сени жоктоп, көзү өткөнчө ыйлап жүрүп өтөт" деди. Жигит дароо: " Мени дароо энемдин жанына алпаргыла. Кайра тиги жашоого кайтып баргым келип жатат, суранам " деди. Периштелер болсо: " Кантип ? Сен азыр бир кадам шилтериң менен түбөлүктүү бейишке киресиң" деди. Жигит: " Жок, менин бейишим энем. Энекемдин кайгы-муңуна бейишти алмаштым" деди. Жигит көзүн ачса ооруканада, жанында маңдайында энеси ыйлап турганын көрөт. Дарыгерлер чуркап, энеси баласын кучактап жыттайт. Жигиттин кулагына үн угулат: " ЭНЕҢ СЕНИН БЕЙИШИҢ. САГА СҮЙҮНЧҮ. СЕН ТҮБӨЛҮКТҮҮ БЕЙИШТИК БОЛДУҢ!"

#354 07 Ноябрь 2017 - 01:21
Туура адашуу
Менин уулум, ушул менин уулум ээ? - Абайдын кубанычы арта жетине албаган үнү бөлмөнү толтуруп турду. Чынында анын үнү эле эмес, өзү бул үйгө, бул дүйнөгө батпай кубанып турган. Аны телмире тиктеген келинчеги гана же бактылуу болорун же тамагына кептелген жашын төгүп иерин билбейтунжурайт. Минтип жаш күнүндө эки баланын энеси болуп, болгондо да кайнагасынан бала күтөм деп ким ойлосун.Абай келинчегинин абалын байкай койду. Заматта күлкүсү тыйыла калганы менен муңайып да олтургусу келген жок.– Шоола, карасаң? Кимге окшош?– Атайга.– Жок, мага окшош.– Атай экөөңөр окшош эмес белеңер? – үнү каргылданып кетти.– Ооба, бир туугандар окшош болушат. Атай экөөбүздөй болуп уулум да агасына окшош, – Абай кепти башкага бурганча шашты, – кел, азыр эле жуунта береличи. Шоола наристесин жуунтканча өткөн жашоосун башынан эстеп чыкты.***Ал Атайга кокусунан кезиккен. Жаңы конуштагы таежесине учурашууга барып жатаканасын көздөй кеч кайтып калды. Таежесинин: “Биздин конушта тентектер көп, калып эртең эле эрте туруп кет, жарыкта”, - дегенине көнбөй койгон. Унаалар сээлдеп, ал түшүүчү маршрут абдан кечикти. Жатакананынэшиги бекичү саат да жакындап баратат. Тынчы кетип турган ошол маалда жанына карамашине келип токтоду:– Шаар ичинеби, чоң кыз? Олтуруңуз.– Рахмат, – Шоола чындап чочулады.– Коркпой эле отура бер. Шашып баратам. Артта деги эле маршрутка аттуу көрүнбөйт.Кыз аргасыз макул болду.Жаштыктын күчү эмеспи, Атай убадасына туруп кызга ашык кеп айтып чочутпай жеткирип коёюн деген. Бирок күзгүдөн аны карай берип байланыш номерин албай кетүүсү кечиримсиз болчудай туюлду. Шуулдаган жигит бул оюн амалдана ишке ашырды.– Кайсы жерге барасың?– Жибек-Жолу менен Манастын кесилишине. – Жеткирип коёбуз.– Шаардын четине жетсем, андан ары маршруткалар бар да. Ага чейин менин акчам жетпейт.– А мен акча сураган жокмун го.Кыз унчукпай калды.– Телефон номериңди берип кой, болду. Анан биз жакка келип калганыңда бир эле “алло” депкоюп турсаң жеткирип коюп турабыз.Кыз мындай соодалашууну жактырбай, бирок каршы да эч нерсе дебей тултуюп калды. Алар бат эле жатакананын оозуна жетишти. Кыз түшүп баратканда жигит шашып калды:– Чоң кыз, номерчи?– Чоң кыз эмесмин.– Номериңди берсең, анан атыңды телефондон билип алам да, кийин “чоң кыз” дебейм. Азыр болсо билбейм да, – жигит аппак тиштерин кашкайта жагымдуу күлүп турду. “Деги ушундан кутулайынчы” дегендей, кыз номерин бат-баттан бир гана жолу айтты да, тыкылдай жөнөп кетти. Телефонун камдап олтурган жигит сандарды илгиртпей жазып алды.***Атайдын мүнөзү абдан шок эле. Бирок ээн баштыгы жок. Бир нерсе кылууну кааласа күндү күн, түндү түн деп койбойт. Эгер каалабаса, үстүнө асманыңды таштап ием десең да кебелбейт. Адамдарга да мамилеси ушундай. Ал Шооланын сулуу жүзүн бир көргөндө эле жактырган. Кийин телефондон жагымдуу үнүнө азгырылып жүрүп биротоло ашык болуп калды. Ата-энесинин “үзүмчүлүк маалда коё тур”, Шооланын “азыр турмушка чыгам деген оюм жок. Болгону 1-курсмун. Андан дагы сен мага жага бербейсиң” деген каршылыгына да, кагып-силкүүсүнө да карабай ала качып алды.Башында кабагы ачылбаганы менен кайнене-кайнатасынын мээримдүү мамилеси, жолдошунун кареги менен айланган камкордугу аны бактылуу болууга аргасыз кылды. Окуусун калтырбаган жакшы студент, үйүн таза туткан жакшы келин болду. Анан бактысы артып бала күтүп калышты.– Шоола, кеттик көлгө. Кийинки айда төрөсөң, бала менен алышып каласың. Уулум жарыкка келип, бакчага барганга чейин сага көл да, парк да, шишкебек да, кино да жок. Макулбу? –Шооланын көңүлдөнбөгөн оюна койбогон Атай анын баштыгын өзү камдап, эс алууга чыгып кетишкен. Ырас эле келиптир, көлдө укмуш сонун учур экен. Экөө беш күн каалагандарындай эс алышты. Бул алардын эңбактылуу ирмемдеринин акыркысы экенин анда экөө тең билишкен эмес эле.***Алар кайтып келгенден бир ай өтпөй Шоола көзжарды. Али кызыл эт болсо дагы уулу тим эле Атайдын көчүрмөсү. Баласын карап жатып Шоола жолдошун эми толук сүйүп калганын билди. Эми ага биротоло көнүп, бүт өмүр бирге болгусу келип калды. Бирок колуктусунун көз жарышын саат санап күтүп жаткан жолдошу эмнегедир келбей атты. Ал төрөгөнү кайын журтунан эч ким жок, өзүнүн гана апасы келип чебеленип кам көрүп, алды-артына кетип жалынып, көз жашы кылып ийип да атты. Шоола анын ыйын бакыттын ыйы деп ойлогон.***Кечээ доктур “эртең чыгарам” деген. Кайненесине чалса кайнежеси алып: “Макул, апам азыр бошобой жатат. Барабыз”, - деп кыска жооп берген. Анан жолдошуна чалды. Кечээ гудок кетип, бирок албай жаткан, бүгүн биротоло өчүк. Таарынып калды. Кеч киргенче көгөрүп таарынып олтуруп, акыры эч ким чалбаганда дагы кайненесине чалып күйөөсүн сураган. Алар дагы деле кыска жооп кылып Атайдын телефону бузулуп калганын, өзү жумуштарынан эч бошобой жатканын айтышкан. Келин биринчи жолу күйөөсүн эртелеп көргүсү келип, ага болгон таттуу сагынычы менен уктады. Тилегин таш каап эртеси да келген жок Атай. Анын ордуна Атайдан беш, өзүнөн сегиз жашка улуу кайнагасы Абай келиптир. Ал эмдигиче турмушкура элек. Кайненеси да жок экен, кайнежеси уулун, кайнагасы уулу экөөнүн документтерин алды да, үйгө жөнөштү. Жанатан алардын кабагынан бир жамандыкты сезип турган келин күйөөсүн сураганда кайнагасы: “Аны үйгө барганда билесиң”, - деп бурк этип койгон. Кайнежеси болсо терезеден көзүн албай тирмиет. Мындай суз абал эмес, жай күндө да алардан айбыгып турчу келин кайтарып суроо салбай үйгө жетүүгө ашыкты.***– Айланайын кулунуум аай, айланайын чырагым. Эмне минтип сыздаттың, балаң менен жаркыраган Шоолаңды кимге калтырдың? – үй алдындагы боз үйдү көрүп денеси титиреп келе жаткан Шоола машинеден түшүп эле кайненесинин үнүн жазбай тааныды.Эмне окуя болгонун билип турганы менен ишене албай, баласына да карабай боз үйгө жүгүрүп кирди.– Ырысыбыз жок тура, кагылайыным. Атайданайрылып калбадыкпы. Атайың жок калбадыңбы, у-у-ууу-у.– Атай бузулган патронду оңдойм деп жатып токко урунуптур, - деди бир үн. Өзүнүн бир тууган жалгыз эжеси да ушул жерде экен.***Ошентип, Шоола жыйырмага чыга элегинде уулу жарыкка келген күнү жаңы гана көнүшүп, жаңы гана сүйүшүп калган Атайынан ажыраган. Жаш неменин келечек тууралуу ойлонууга чамасы келбеди, акылы жетпеди. Кыркына чейин баласы менен кошо ыйлап, кошо сооронуп атып кантип уулу бир айга толгонун билбей да калды. Атайдын кыркылыгы берилип, келген-кеткендин аягы сууп калганда ата-энеси келди. Шоола алар келгенде бул үйдөн кетет экенмин деп ойлогон. Бирок баары тескери болду.– Чакыртыпсыз, куда.– Чакырдык, алдыңда кулдугум бар, айланайын Сыргак. Бул кылганыбызды туура эмес десең, башым алдыңда турат, каалаганыңдай тилде, көтөрөм. Туура десең, куда бойдон калабыз. Уулумдан айрылып, кайра эле уул таптым. Биринчи жолу чоң ата болдум. Бирок эми ошол бактыбызды да жоготуп алабызбы деп кемпир экөөбүз түн уйкуну унуттук. Ырас, Шоолага айтууга эч кимибиз батына албай койдук. Акыры айтыла турган кепти ушул жерде баарыбыз олтургандаайталы деп атам.Шооланын ата-энеси баш ийкеп гана олтурушту. Каргылданган үн кебин улады:– Атайымдан айрылсак, Абайым бар. Шооланыкалтырып кеткиле. Шоола биротоло биздин кыз болсун, - жанатан үнүн чыгарбай солкулдап ыйлаган кудагыйын соорото колун сылап олтурган Шооланын энеси чок баскандай боло түштү.– Кайнагасына да кыйчу беле?– Айланайын, башыбызга бул каран түн түшпөсө элде жок ишти кылат белек. Кагылайын кудагый, Шоола деле менин бир балам болуп калды. Ары колунда уулумдун уулу турат. Абай деле ага ата эмеспи. “Жок” дебегиле, – эненин сыздаган ыйын эч ким сооротподу. Шоола мындай кеп болот деп эч ойлонгон эмес. Атайдан айрылганы ал келечек, эртең тууралуу ойлонгонду койгон. Бир ооз кеп чыгарбай ыйлап гана олтуруп берди. Бир тууганынан айрылган Абай келининин “балага жалаяк ала келиңиз”, “балага сүт ала келиңиз” деген ар бир кайрылуусунда ага тартылып, бактысыз калган жанды кантип бактылуу кылуунун жолун ойлонуп жүрүп бул ойду өзү ортого салганы ата-энесинен башкага сыр болуп калды. Куда-кудагыйлардын ал күнкү жолугушуусу Абайдын: “Шооланын бактысы менин колумда болсун. Убада берем”, - деген кеби менен аяктады.***Бул иш Атайдын жылдыгынан кийин ачыкка чыкты. Ансыз да жаш келиндин ар кадамын аңдый карап жүргөн элдин ичи уу-дуу кеп болду. Бири “туура кылышты. Жаш немени жесир дедиртпей” дешсе, бири “бул эмне деген бузукулук” деп бетин чойгон болушту. Андай айыңдар Шоолага да угулуп турду. Бирок ал кабагым-кашым деген жок. Эки балага эне болгонго чейин ал жашоосунда эч унутулгус бир жаман түш көргөндөй болот. Атайын дайыма жанымда деп кабыл алат. Болгону азыр анын аты Абай.

#355 07 Ноябрь 2017 - 01:24
Абийир күнү
Күздүн шападасы билинип, күн суугуна тартып калганын Айгерим бүгүн сезди. Негедир жүрөгүсыздай жалгызсырап алды. Кийинки жылдарыар күз сайын ушул сезим жанын өгөөлөй берчү болду.– Апа, карачы, тигил аял ыйлап жатат, сооротуп коёлучу, - деп ары жакта ойноп жүргөн уулу чуркап келди. Уулунун боорукерлигине ичи жылый ал көрсөткөн жакты карады. Арык, бирок кийген кийими жарашыктуу, жаш аял бетин басып алып сейилбактын чет жагында жалгыз отуруптур.– Сизге эмне болду? – деди жакын басып келип акырын. Аял башын көтөрүп айыбы бардай жалтаң карады.– Эч нерсе… - деди, анан ый аралаш. Аял жалгыз болгусу келип тургандай сезилди. Айгерим жанында турган уулун колунан алып бурула берерде аял акырын суроо узатты:– Сиздин уулуңузбу?– Ооба.– Боорукер бала экен. Менин да ушундай балам бар болчу... – аял кеп акырын жутуп жашына такалды.– Азыр кайда? – деди Айгерим ушу азыр айтылчу суук кабардан корккондой батынбай.– Атасында, мага бербей коюшту.– Неге?– Жеңил ойлуулуктун кунун энелик бакыт менен төлөдүм. Мен баламды күндө көрүү, күлкүсүн угуу бактысынан айрылдым, бул бакытты жеңил ойлуулуктун кунуна бердим.Аял ордунан туруп басып кетти.– Апа, кун деген эмне? – деди уулу Айгеримдинколун силкип.– Жаман иш кылсаң, ошонун акысына төлөнчү нерсе...– Ал акча менен төлөнөбү?-Ар кандай, акча менен төлөнчүсү - эң жеңили, бактың менен төлөп калгандан Кудай сактасын, балам.– Биз кун төлөбөйбүз ээ?– Сен төлөбөйсүң, а мен төлөп жатам, уулум. Абийир кунун жалгыздык менен төлөп жатам.***Айгерим эстегиси келбеген өткөн өмүрүнө аргасыз сүңгүдү.Анда да күз эле. Окуу жылы жаңы эле башталып, жогорку окуу жайга окуп калышкан Айгерим курактуу сары ооз балапан улан-кыздардын али бала жүрөктөрүн студент болдук деген өрөпкүү делөөрүтүп, ааламга сыйбай калышпады беле ошол күздө. Ара күндө түрдүү кечелер, туулган күндөр шылтоолонуп майрамдардан бошобой калышкан. Ошондой майрамы көп күндөрдүн биринде Айгерим классташы Сардарды жолуктуруп калды. Күндөр канчалык көңүлдүү болбосун, туулган жерге, бир боор айылдаштарга болгон сагыныч кусалантып жүргөн экен. Айгерим муну Сардарды көрөрү менен туйду. Ары Сардар экөөнүн ортосундагыбалалык аруу сезимдер, боз уландын үч бурчтук каты кыздын жүрөк бурчун али да жылытып жүргөн. Экөө бири-бирин көрөрү менен албырып кубанып да, сүрдөп да кетишти. Айыл, андагы классташтар, мектептеги күндөр тууралуу айтып түгөтө албай жатышты. Ошол кечтен баштап экөө эгиз козудай ээрчишип калышты. Кечелерге дакыз-жигит катары ээрчишип барышып, ал тургай, булардын сүйүүсүнө суктангандар болбоду беле. Балким, ошол каргашалуу түн (анда булар үчүн эң бактылуу, анан өзгөчө түндөй сезилген) болбосо тагдыры башкача болот беле, ким билет.Шаардын четиндеги эми гана үйлөр салынып жаткан жаңы конуштардын бирине тайпалаш кыздын туулган күнүнө барышкан. Отуруш кызып калган кезде эшик шарт ачылды да, эңгезердей болгон бир жигит беш-алты кошоматчысын ээрчитип кирип келди. Күлкүлөр дароо өчүп, кыздар эле эмес, жанатан бери өзүн эркек тана сезип отурган боз балдар да бозоро түштү.– Ии, уланта бергиле, эмне дымып калдыңар? – деди эңгезердей жигит доого келгендей демитип. Оозунан эне сүтү кете элек жаш балдарды демиткенине курсант болгон бул кемпайларды карап туруп Айгеримдин ичинде жек көрүү кайнап, бирок алы эч нерсеге жетпесин билип тилин тишине катты. Сардардын артына далдааланган Айгеримди көздөй басканда кыз ансайын жигиттин колтугуна корголоду.– Эй, сулуу, сен мага жагып турасың, бери кел, таанышалы, – деп кызды билектен алды. Сардар кызды артына калкалай:– Бул кыз эч ким менен таанышпайт, коё бер, –деди калчылдап. Кыз билегин жулкуп алып Сардардын артына жармашып чырылдап жиберди:– Байке, биз жакында баш кошобуз, убалыбызга калбаңыз, – деди аптыгып. Тигилер күлкүлүү сөз уккандай ансайын каткырды. Айгерим бул сөздү кантип айтып жибергенин билбей, али баш кошуу тууралуу сөз козгой элек Сардарга өзүн таңуулап жаткандай уялып, тигилер кызды шылдыңдап жаткандай басынган эле.Сардар тиги жигиттин жарымынан келип турса да кызды канатына калкалай бекем турду.– Баатыр окшойсуң, чын эле жигит болсоң, жүрэшикке, жекеме-жеке сүйлөшөлү, – деди Сардарды ээктен ала.– Сардар эч жакка барбайт, – деди кыз жигитке ансайын жармашып.– Эмнеге барбайт, сени сүйсө барат, – деди кызды канталаган жансыз көздөрү менен тешетиктеп. Мынчалык муздак көздөрдү көрбөптүр кыз, аза бою дүркүрөп чыйрыгып кетти.– Айгерим, коркпо, мен азыр келем, – деди Сардар кызды жоошутуп, а өзү болсо шамал жулмалаган жалбырактай калтырап турду. Алар Сардарды желкелей сыртка жөнөгөндө кыз элейген боз балдарды карап чырылдап жиберди:– Сардарды жалгыз жиберип коюп эмне карап турасыңар, намысыңар барбы?Боз балдар баары жер тиктеп, күнөөлүүдөй каректерин жашырды. Айгерим тигилердин артынан кошо чыгарда балдар чыйрала түшүп сыртка сүрдүгүштү. Айгеримге ошол учур тим эле кылымга созулуп кеткенсиди. Бир кезде эшик ачылды да, кыздардын баары сырттан боз ала болуп кирген балдарга жабылды. Айгеримдин көзүнө урунганы эле Сардардын канжалаган бети, шишиктен көрүнбөгөн көзү болду.– Сардар!? - Сардар боюн таштаган кызды айдалысынан сылагылай каадалуу кишидей жумшак шыбырады.– Кетишти, коркпо, баары жакшы, – деди үнүнөн корстон болгону сезилип. Эми эле капилет келген селдей топурап кирип келген немелердин кеткенине кубанган кыздар сырттаэмне болгонун сурашкан да жок.– Бетиңе бирдеме басыш керек го, антпесе эртең сабакка кантип барасың? – деди Айгерим кам көрө.– Муздаткычта чийки эт болсо, ошону бассаң көгөрбөйт, – деди кыздардын бири. Үй ээси Саадат чуркап чыгып муздак эт көтөрүп кирди.– Бетимди жууп алайын, – деди Сардар. Айгерим кошо чыкты.Экөө бош бөлмөдө отурушту. Сардар бир колу менен көзүнө коюлган этти кармап, бир колу менен кызды имере кучактады.– Коркуп кеттиңби? – деди акырын. Кыз унчукпай баш ийкеди.– Сен “жакында баш кошобуз” деп чын эле айттыңбы? – деди боз улан кулак түптөн шыбырай.Бир ысык толкун бүткөн боюн аралаган кыз бул жолу баягыдай уялып эмес, жүрөгү толкуп баш ийкеди.– Мен сенин ошол сөзүң үчүн сыртка чыктым, – деди боз улан энтигип. Сырттагы дыбыраган жамгырдын үнү кичинекей бөлмөдөгү эски шырдактын үстүндө туйлаган эки жаш денениншыбырын, кыздын сууга чөгүп бараткансып аптыккан таттуу онтоосун суук сөз, жаман көздөн жашырып жаткансыды. – Эмне кылып салдык? – Бир кезде чачы жүзүнө жабышкан кыз апасынын жакшы буюмун сындырып салган баладай корккон үн менен ый аралаш шыбырады.– Сен өзүң “баш кошобуз” дебедиңби?– Ооба, бирок аны сен эмес, мен айттым, – деди кыз үнү калтырап.– Мен деле ошол ойдомун. Болгону жок дегенде үчүнчү курска баралы. Ага чейин эч кимге айтпайбыз, – деди жигит кыздын саамайынан сылай. А өзү не кыларын билбей апкаарыганы көзүнөн көрүнүп турду.Чын эле алар эч кимге айтышкан жок, бирок кандайдыр бир аялуу чектен өтүп кеткендей, кол тийгис нерсеге кир жугузуп койгондой экөө тең бири-бирине суз тарта түшүштү.Сардар сейрек келип, келгенде да күнөөлүүдөй жер карап, сөздөрү түгөнбөй сүйлөшкөн адаттары калып, экөө тең бирөө чыга калып суракка алчудай коомайланат. Бир күнү Сардар бир аз кызуу келди.– Айке, кечирип кой, мен окуумду токтото турупОрусияга барып иштеп келбесем болбойт. Атамдар насыясын төлөй албай жатышат. Мени күт ээ? Мен сени алам, болгону иним үйлөнсүн. Апам “биринчи келген келин кыз абийири менен келүүсү керек, анткени ал тун келин” дечү. Ошондуктан иним үйлөнсүн, анан биз. Ага чейин...Анан бирдеме айтчудай кыйылып турду да, акырын шыбырады:– Балдар “бир эле жолу кошулуп, анан кошулбаса кайра кыздык бүтүп калат” дешти... – деди кызды тике карабай. Айгерим ыйлап жатты. Экинчи курсту бүтүп чоңоюп калган кызазыр гана орду толгус, оңдолгус ката кетиргенин туйду.Сардар ошол бойдон келген жок. Баш аламан замандын, бет келди бакыт издеп агылган жаштардын шарында экөөнүн кайгысын, түйшүк санаасын териштирген жан деле болгонжок чыны. А Айгерим бир нерсеге - кайра кыздык бүтүп каларына ишенди. Сардар келгенче кыз болуп калса, анан биринчи түндө жеңелери кайненесине сүйүнчүлөп, апасы кызынын тазалыгы үчүн кубанарын элестетип ички толкундоодон кадимкидей аптыгып да, коркуп да кетчү. Бирок кыздык бүтөрүнө, Сардар ага үйлөнөрүнө бекем ишенчү.Арадан сабакка барып-келген жолдон башка жакка баспаган окшош төрт жыл тез эле өттү. Айгерим алгачкы жылдары кокус бирөөгө жолосо эле араң түзөгөн аялуу дүйнөсү кайра кыйрап калчудай коркуп эч кимди жанына жолоткон жок. Сунуш айткан мен деген жигиттерге сустайган бойдон көз кырын салбады. Жыл өтүп кыздык эч качан бүтпөсүн, сынган ааламы түзөлбөсүн түшүндү, бирок бир үмүт үлбүрөп жашай берди...Мына, быйыл туура отуз үчкө чыкты. Жумушу жакшы, тапканы өзүнө эле эмес, ата-энесине, ал тургай, турмуштагы эки сиңдисинин анча-мынча кем-карчын жапканга да жетет.Бир күнү Фейсбуктан бир достук келди. Кабыл алары менен тааныш көздөр аны карап турду.– Саламатсыңбы, мени тааныдыңбы? – деп жазды тааныш көздүн ээси. Тагдырын бузуппу, же буруппу кеткен адамды кантип тааныбайт. Алар ошентип кайра жолугушту. Оболу сайт аркылуу, анан телефондо, кеч күздүн күүгүмүндө көзмө-көз учурашышты. Айгерим бүт өмүр күткөн адамынын алдында жат да, өз да боло албай чайналып турду. Ал эчнерсе болбогондой эки балалуу болгонун, аялынын жакшы адам, чыйрак, эптүү кожойке экенин айтып отурду. “Аялыңды абийири мененалдыңбы? ” деген суроо Айгеримдин дилине миң келип, миң кетти ошол кечте. Бирок суроого даай албай койду.Кантсе да наристе сезим башкача болот тура, алар кантип жакын болуп кеткенин аңдабай калышты. Айгеримде, тагыраак айтканда, Сардарда эки жүздүү жашоо башталды. Аялына бирди, Айгеримге бирди сүйлөп, ортодожанчылып, жоголуп баратты. Айгеримге келсе балдарынын күлкүсү кулагында жаңырат. Аялына барса сумсайып жалгыз калган Айгерим, анын даамдуу тамагы, жыттуу таза төшөгү, жумшак күлкүсү жанын өгөөлөп сагынтат. Бул жашоо канчага созулат эле, ким билет, бир күнү Айгеримдин кош бойлуу экени белгилүү болду. Бул кабарга кубанарын да, кайгырарын да билбей нес болуп отурду. Сардарга чалса телефону өчүрүлүү. Дайым керек болгондо, майрамдарда, туулган күнүндөанын телефону өчүк болот.Бир жумадай жоголуп, анан келди. Чай үстүндөкелин сөз баштады:– Сен эми келбе, Сардар. Билесиңби, бала экем,сенин “кыздык кайра бүтөт” деген сөзүңө чындап ишенип, кайра бүткөн ошол абийирдин жүзүн кайра сен ачсаң деп жылдап күттүм. Анан жылдар өтүп абийирдин сага эмес, мага керек экенин туйганда бир өксүп бармак тиштедим. Баарынан оору кыздык абийир эч качан кайра бүтөлбөсүн билүү болду. Атаганат, абийир менен босого аттаган үйгө бир тамчы канды эмес, бүт өмүргө жетчү ишенимди, сыймыкты, бакытты алып барарын бардык кыздар биле бербейт экен. Кудайга шүгүр, мен азыр бактылуумун. Абийирдүү келин болбогонум аз келгенсип эне да болбой каламбы дедим эле, Кудай ыйымды уктубу, энеболуу бактысын берди. Мен ушуга ыраазымын.Бир тилегим - кыз болсо экен. Бапестеп, кыздык абийир деген эмне экенин балапан кезден кулагына куюп, жүрөгүнө сиңирип чоңойтсом. Сага рахмат, сен менин үмүтүм элең, эми балага айланды ал үмүт. Аман бол, мен доктурга барайын деп камданып жаткам, сен ачкычты ордуна калтырып коюп, үйүңө бар, - деди да, капилет жолуккан жолоочудай коштошпой чыгып кетти.

#356 25 Декабрь 2018 - 10:35
Мал киши, Айдарбек САРМАНБЕТОВ
Ал отуздан ашкан өзү курдуулардан эч деле айырмаланбаган көптүн бири, өңү деле жугумсуз, пакене бойлуу, арыкчырай эркек сөрөй. Дулдуюп, өзү менен өзү жүрө берет. Эч ким менен иши жок. Мейли атасыбы, кошуна, курбуларыбы ага баары бир. Эч кимин көчөдөгү чоочун, бейтааныштардан жакын санабайт. Өзүнөн башка адамдар барбы, жокпу, өлүп атабы, жер астын-үстүн түшүп кыямат кайым келдиби – баары бир тең. Бирөөгө боор тартып, же жакын санап ийилип койбойт. Өзү болсо болду. Жарытып деле ойлонбойт, мээси бош, көңдөй. Чөнтөк телефонунун же плееринин сайгычын кулагына сайып алат да, керелден кечке, көчөдөбү, жумушунда же үйүндө болсун, жадагалса жатканда да анысын албайт. Ызы-чуулу, тажатма, чет элдин музыкасы кулагында жаңырганы жаңырган. Алардын эмне тууралуу зар какшап ырдап жатканын деле түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт, тилин билбесе балээни түшүнмөк эле. Тек, кулагы бош болбой, бир нерсени угуп турса болду. Ансыз өзүн эч элестете албайт. Тим эле ашынган баңгичидей. Бузулуп, андан саалга ажырады дегичекти жинди болуп кетет, кайсалактап, жинденип, кутурмасы кармап калат. Мындай көңдөй мээ, киши сөрөйлөр кийинки кездери көбөйдү. Көчөдө, окуу жайларда, автодо тургай өкмөт, парламентке чейин жайылып кетишти. Кенедей бир акыл жугузайын деп акыл-насаат сөз угуп, китеп окуп коюшпайт алар. Цивилизация менен техниканын тескери баратышынан жаралып калган мутанттарбы, же бүт дүйнөгө жайылып кеткен компьютер желесинин чымын-туткунубу, мындай, адамдык касиеттен куружалак, баш териси тескери капталган зомби-арбак кишилердин барган сайын саны артып барат.
Бу, бир нерсе менен алпурушкансыган Марлендин жарыткан иши деле жок. Сурагандарга техникмин деп коёт. Балээнин технигиби. Тээ, мектепти элдир-селдир бүткөнүндөн бери китеп кармаган жок, атасы жетелеп барган “палитехке” өтпөй калып, үйүнүн жанындагы электр тармагынын райондук мекемесинде монтёрдун жардамчысы болуп жүрдү эки-үч жылдай. Болгон билими ошол. Андан каалгасында илинип турган жарыяны көрө калып областтык театрда жарык-технигинин жардамчысы болуп алган. Жанга тынч. Бары-жогуң менен эч кимдин анчейин иши жок. Ага ошол эле керек. Ким бирөө аны жемелеп, акыл-кеңеш айтып, мажбурлабаса болгону. Театрда кайсыл бир оюндар коюлганда сахнага ардемелерди ташышып, коюшуп, устаты жумшаган жакка барып, айтканын кың дебей аткарып коёт. Техниктин зарыл иши чыгып, же “башы ооруппу” ал ыраа көрсө оюн жүрүп жатканда жарыкты улам алмаштырып коюп күн өткөрөт. Болгону ошол. Ага иштин ыраа көрүлбөгөнү – сахнадагы оюндун маанисине жарыктын түсү шайкеш келеби, окуяга, каармандардын образына кошумча болобу, болбойбу, жарыкты каалаган учурунда шарактатып түсүн алмаштырып коёт да болду. Кулагында өз кусаматы жаңырып жатса оюндун маани-маңызын кантип уксун. Иши эмне. Ошондон улам айла кеткенде гана ага кайрылышпаса, анын зыяндан башка пайдасы жок.
Атасы эмгек сиңирген геолог, ишбилги, кесиптештери арасында кадыр-барктуу адам. Тээ, сексенинчи жылдын башында бүт дүйнөгө коммунизмди орнотуу идеологиясына жандилинен берилген ал, туңгуч балалуу болгондо Маркс менен Лениндей акылман, жарды-жалчыларга күйүмдүү адам болсун деген тилек менен экөөнүн атынан Марлен атаган болчу. Жалгыз баласынын эми минтип, жан-жүрөгүндө ныпым оту жок, элге жат, тирүү өлүк болуп калат деп түк ойлогон эмес. Эс тартканынан эле көпчүлүктөн обочолонуп, бөлмөсүндө керелден кечке телевизор тиктеп жата берээринен аны буюрса чыгармачыл адам болот го деп көңүл жооткоткон. Түгөлбай же Айтматовдой чыгаан жазуучу, Алыкулдай акын, же Муратбек Рыскуловдой театрдын, не Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморовдой кинонун атактуу артисти, Айтиевдей сүрөтчү болуп кетсе жаманбы. Андай болсо эле жыргатпадыбы. Жок, ал үмүтү акталбады. Баласынын жалаң чет элдик музыка, шоу телеберүүлөрүн гана көрөрүн байкап, кабатыр тартып, кыргызчаларды көрүп, өз элиңин тилин, салтын билип, жакындасаң боло деп көрдү эле уулу:
– На чёрт они мне нужны, эти бараны... – деп салса болобу! Мындай түркөйлүктөн каны кайнап, туттугуп, элсиз эч бир адам болбоосун, кийин жалгыз калып, жолбун иттей каңгып, элден чыгарын, адам баласы үчүн андан ашкан трагедия жоктугун зар какшады эле, кулак кагып да койбоду уулу. Кийин деле ошол, акыл-насаатын эч жуутпады. Башка балдарчылап мектепте, кийин эс тартканында деле бирди-жарым теңтуш да күтпөдү, кыз жаңдаганды кой, ушул жашына чейин бир да бир ургаачы аттуу менен ымалашып, сүйлөшкөнүн көргөн жок. Бирин да жанына жуутпады. Эркектик касиетинен ажырап калганбы деп да шекшип, коркуп кетет кээде. Эми торпоктой немеден аны кантип сурамак. Сураган менен айтмак беле бу дейди. Оозуңду ошту карата оройлонору турган иш. Балким ушинтсем кичине болсо да ойлонор деген үмүт менен энең да зарлап жүрүп арманда кетти, мен минтип оорукчан болуп, эртелеп пенсия-свалкага чыгып калдым, көрөрүмөн көрүм жакын, келин алып келип, жок дегенде мени неберелүү кылсаң боло, элдин балдарындай деп да көрдү эле:
– Зачем плодить смертных? Ведь они всёравно помрут! – деп, ооз ачырган. Эй, келесоо, балалуу болуу деген – тукум улантуу, жаңы адамды жаратуу. Жашоонун мыйзамы ошондой, уланып турушу керек. Биздин ата-бабаларыбыздын, менин, өзүңдүн тукумуң үзүлүп калбайбы! Жер үстүндө тукум калтыруу ар бир адамдын, эркек болобу, аялбы – баарынын милдети... деп күйүнгөнгө да моюп койгон жок. Колун шилтеди да, тултуя коркутуп, эшикти карс жаап кете берди. Бир өзүнүкү туура да ага. Ошону менен аталык арманы дагы да ырбап, күйбөгөн жери күл болуп, үмүтсүз кала берди. Кийин таалим-тарбия сөзүн да айтпай калды. Укпаса эмне, ушуга кор болгон кайран сөз! Тукуму курут болот экен! Кайдан, кантип ушундай мал болуп калды экен баласы? Ооба, мал. Анын басып-туруп, акыл-ой буюрбаган айдатма малдан эмне айырмасы бар. Эч кандай. Бул, керт башынан башканы ойлобогон, бирөөгө эч күйүмү жок, баарыга кайдыгер, курсагы эптеп тойгонуна шүгүрчүлүк кылып, күн өткөрүп, эмнеге жашап жүргөнүн, эртеге кандай өмүр кечирерин, адамзаты, дүйнө менен эч иши жок, келечексиз. .. неменин малдан эмне айырмасы бар? Тобо, ушундай да макоо, көрпенде болобу? Ал кантип ушундай тоң акыл, жанотсуз болуп, кайдан чыкты?

#357 25 Декабрь 2018 - 10:36
Баласы балакат кезинде апталап, айлап кеткен кесиби каскак болду бекен? Анда деле ага дайым ашыгып, көргөн күнү, алган тарбиясы кантип жатты экен деп санаа тартып, ашыгып келчү эле го. Күн санап турчу эмес беле, балама эптеп тезирээк жетсем экен деп. Жакшы эле бала бакчасына, мектебине чейин каттап, акыл-насаатын айтчу эле го? Же аялы Сакиштен кеттиби? Ал деле үстүнө үйрүлүп түшүп, көзгө басар жалгыз балам деп, мээротун төгүп турчу эле го. Ал да кетти байкуш, кыркка жетпей армандап. Тукумунан тура ал, аккан деген оорусу. Канчалык жандалбас кылып, дарыланганы менен күндөн күнгө сүлдөрү качып, көз көрүнөө солуп, көзүн жалдыраткан бойдон үзүлүп кете берди. Ошондо да алсыз колдору менен баласын бооруна ысык кысып, мойнунан, кежигесинен шуулдата жыттагылап,
кан-жанынан жаралган жалдызын кыйып кете албай, катуу кыйналды, ыраматылык.
Ошол баласынын барманы шу. Аны ашкере эркелетип алышканбы? Ким билсин. Дымагы да, мээсинде мыдыры да жок баласынын азыркы мал абалын Сакиштин көрбөй калганы ырас болгон экен. Жүрөгү жарылбаса да мээ кайгы болуп өтмөгү турулуу эле анын. Энеге баласынын башсыздыгын көрүүдөн ашкан азап барбы! Балким келечегине,
ишинен өскөнүнө керек болот деп баласын орусча бакчага, орусча мектепке беришкенинде болсо керек бу, бузуктун башы. Ал кыйналбасын деп үйүндө да орусча сүйлөшүп... дилин жат кылып алышкан окшобойбу.
Бүгүн да Марлен ишинде илмейип, көрүнгөндү көлөкөдөй ээрчип, колгабыш кылып жүргөн. Кулагында баягы телефонунун сайгычы. Бир кезде анысын бирөө жулуп алганда жалгыз бактысынан ажырап калгандай жаны кашайып, жеп жиберчүдөй жалт караса маңдайында деректири туруптур.
– Ой, деги ушунуңду азга болсо да кулагыңдан алып, телефонуңду карап коюп турбайсыңбы, ыя?! Жанатан бери кошуналарың сага кайра-кайра чалып ала албай жатышат. Мен да... – деп, опулдап алды да кайра тез эле негедир аны аялуу карап, баштагысындай каарып-кууруп кубалап жиберген жок. – Мариш, келчи бери, – деп жумшак сүйлөп, жеңден тартып, каруудан ала жетелей четке чыгарып, – Сен эми жаш бала эмессиң... Кайрат кылгын, кудайдын жазганы экен, атаң кайтыш болуп калыптыр, кошуналарың чалышты, – деди жай. – Бар, үйүңө бара бергин.
Марлен анын айткан сөздөрүнүн маанисин жетик түшүнгөн жок. Кайтыш деген сөздү мурда угуп-билбесе кайдан билмек. Бирок чоңунун айтканын аткармакка гана үйүнө жөнөдү. Анан эмне кылмак. Баштыгынын сөзүн эки кылбай аткаруу керек да.
Марлен атасы экөө беш кабаттуу “хрущёвканын” экинчи кабатында турушчу. Ал, эки бөлмөлүү батирди атасына жаш адис, жаңы үйлөнгөн жубайлар катары тээ, алтымышынчы жылдары ишинен беришкен. Алардын болгон мүлкү ушул болчу. Үйүнүн эшиги алдында топурашкан жоон топ адамдарды көргөнү менен таназар алган жок. Кошуналары экен, чоочундары да жүрөт. Эки-үчтөн топтошуп турган алар Марлен жакындап келгенде ага жапырт тигилишип, жол бошото беришти. Ал, үндөбөй үңкүйүп үйүнө көтөрүлдү. Булардын эч кими менен эч качан саламдашып, сүйлөшчү эмес. Бу жолу да ошентти. Өңдөрү жылуу, бейтааныш кошуна аял-кесектер да тепкичке топурап туруп алышыптыр. Алар менен иши эмне.
Батиринин эшиги ачык экен. Жарданып турушкан кишилерди аралай өтүп ичкери кирсе диванда эски одеалын жамынып жаткан атасын үч-төрт эркек тегеректеп алышыптыр. Орундукта отуруп, солдоюп турушкан – баарынын сабыры суз. Атасына келишсе керек, ооруп жатпады беле. Марлен аларды аралап өтүп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кулагында музыкасы жаңырып тигилердин күбүр-шыбырын уккан-неткен жок. Ал, көнгөн адатынча телевизорду күйгүздү да, керебетине чалкасынын жата кетти. Ошондо гана ал ишине кетип жатканында атасынын алсыз:
– Мариш, бүгүн негедир жүрөгүм катуу лакылдап жатат. Скорый чакырып койчу, – дегени эске түштү.
Э-эй, ушинтип эле экилене бересиң деген кыязда ал атасын жактырбай:
– Единицам жок, – деп күңк эткен. Атасы ага элүү сомдук сунуп:
– Үйдөн чыгарың менен дароо чакырчы скорыйды, тезирээк. Унутуп калбагын дагы... – деген энтигип. Ал өтүнүчү такыр эсинен чыгып кеткен тура. Мейли, эртең деле чалып коёт скорыйына. Кудай алмак беле...
Бир маалда күбүр-шыбыр күчөп, кимдир бирөө үңүлдөп ыйлагандай болду. Анан эшик шарт ачылып:
– Оме-ей ай, бул акмактын жатканын кара! Ой, тур! – деген бетмаңдайдагы кошуна, чыңалган чаначтай семиз Эрмек кажылдай кирип келип, – Эк, таштачы ай ушунуңду! – деп кулагындагы сайгычын жулуп алып ыргытып жиберди.
– Ты што? – Марлендин куйкасы курушуп, мушташа кетчүдөй опурулду. – Чё тебе надо?..
Эрмектин оозунан сөз түшүп, каракөк тарта жарылып кетчүдөй туттугуп, саалга көзүн алайта үнү буулуп калды да:
– Эй, суволуч! Ит! Атаң өлүп калды! Твой атец умер, понимаешь?! – деп, тигинин акылына жетпей жатабы, түшүнсүн дегендей орусчага чала сүйлөп жарылып кетти.
Марлендин оюнун баары алып ыргытылган сайгычта болуп, кантип аны тезинен ала коюп кайра кулагына сайып алуунун аракетинде болчу. Тигинин каскагына жаны чыга кашайып турган.
– Ну и што умер?!. – деди ал көзүн акшыйтып Эрмекке.– Я штоли виноват в этом?..
Эрмек, анын артынан баласына кайрат айталы деп башбагышкан кошуналары эмне дешерин билбей үнсүз мелтейип, дел болуп калышты. Марлендин кылыгы алардын акылына сыйбай турган болчу. “Тобо! Ушундай да макоо, мерес бала болобу?!” – деген ачуу ой баарынын дилинде мыктай кадалып, таң калып турушту.
– Өлдү... өлдү... ну и што? Мен эмне кылайын?.. – Марлен үтүрөңдөп, тигилер түшүнсүн дегендей кыргызча чалып булдуруктап, сайгычын жерден алып кулагына сайды.
– Ой, бу... Тү-ү-ү ата! Акмак турбайбы анык! – адатынча алгач Эрмек күйүп кетти. – Эй, мен сага атаң өлүп калды деп жатам. Панимаешь ты это? Атец умер! Өлүк камылгасын көрбөйсүңбү! Көмбөйсүңбү атаңды!
– Чё? Как? Обязятельно мен штоли, көмөт? – Марлендин жаны да кашайды. Анын бейгам жашоосун, тынчын бузуп жатышса кантип жинденбесин. – Все набросились на меня, ###... как собаки...
Коңшулардын да чыдамы түгөнүп кетти белем, Эрмектин артындагы мурутчан, жашырагы жулунуп келип жатмаккабы, же олтурмаккабы керебетине бурула берген Марленди артынан желкеге бир чапты:
– Ким блядь сага, ыя? Атаңды көмөлү деп сага жан тартып келген бизби? Акмак!
Марлен колдору менен башын ката олтура калды да.
– У-уу, суки... – деп, ылаажысы түгөнө ызалуу үңүлдөп ыйлап жиберди.
Ал атасынан айрылганына эмес, мындай кордукту өмүрүндө биринчи жолу көрүп жатканынан жаны ачынып кетти. Ага ушунча жашка келгени эч кимдин колу эмес сөзү тийген эмес болчу. Катуу шапалак тийген кежигеси аябай ачышып, көзүнөн от чагылыша түшкөн эле.
– Ай, кой, болду. Жөн! Акмакка теңелип... Мындан пайда жок экен. Такыр эле мал болуп калган турбайбы. Арбак үчүн өзүбүз ырасмибизди жасайлык, – деген Эрмек менен дагы бирөө ортого түшө калып, тигини артка итерип, баарын сыртка чыгарып кетти. – Жакшы киши эле байкуш... атасын тартпай калган турбайбы бу макулук... мал!
– Өй, анан ушунуку жакшыбы?!. Аяп келсек, кайра бизди тилдеп...
– Тобо! Ушундай да болот экен ээ...
– Кыргыз болбой калган турбайбы!
– Ит!..
– Мындай баланын барынан жогу...
Кобуранып, жаны кейиген көпчүлүк топурай чыгып кеткен соң жаны сеп ала түшкөн Марлен желкесин кашыгылап бир азга турду да, жаны жай ала кайрадан керебетине сулай жата кетти.
Эл деген эл эмеспи. Кошуналар түп көтөрүлө колунан келгенине чуркап, жайын каздырып, акча чогултуп... маркумду эртеси эле эптеп көөмп коюшту. Аныгын ким билсин, балдар үйүндө өсүп, туугандарын билбей калганбы, же аларды табууга ниеттенип, чыгынган эмеспи, маркумдун жакын-туугандарынан бир да бири келишкен жок. Уулун эстеп, жаназасына тургузуп, топурак салганга да чакырып коюшпады. Көргөн-уккандардын баары андан түңүлүп калышкан болучу. Андай малкиши арбактан айланып кетсин деп жерип коюшту.
Атасы каза болгондун эртеси эле Марлен күндөгүсүндөй таң эрте, маркумдун сөөгү чыга электе эле ишине кетип калган. Аны көргөндөр жеткизишкенби, деректири кабинетине чакырып алып:
– Марлен, балким акчадан кыйналып тургандырсың. Ие, сага оор болду. Ме, театрда иштегендердин атынан сага жардамыбыз болсун, – деп, колуна конверт карматты. – Бар, бара гой, атаңды жайына тапшыр...
Сыртка чыгып, кечээтен бери наар албай калгандан курсагы каңтарыла ачып, жакынкы ашканага ашыга жөнөдү. Жолдо баратып деректир берген конвертти ачса, бир топ көк, сары акчалар экен, кубанып кетти. “Буюрса бир топко чейин ач калбайт экемин, атасы өлгөн жакшы болот турбайбы” деп ойлоп койду...

#358 25 Декабрь 2018 - 10:38
Ностальгия (аңгеме)
Карыянын образы чагылдырылат.
Шаар таң менен кошо ойгонот. Үрүл-бүрүл жарык түшкөндө эле көчөлөрдө кайдадыр шашып жөнөгөн машинелер пайда болот. Анан бирин-серин адамдар аркы-терки өтө башташат. Ошентип кыймылжанданып, калаанын тиричилиги башталат. Күн сайын ушундай.
Касым карыя ар күнү эрте таңда көп кабаттуу үйдөгү квартирасынан чыгып, шаар багына басып келет. Эки колун артына алып бактагы аллеяда кыйлага чейин басып жүрөт. Ал жерде өзүнө окшоп таңэрте таза абада серүүндөгөндөр бар. Көпчүлүгүулгайган адамдар. Айрымдары жөн гана бак аралап басып жүрүшсө, кээлери желип -жортуп чуркаган болушат. Иттерин сейилдетип жүргөн аялдар да бар. Алар бирин бири сыртынан таанышат. Баш ийкешип учурашып өтүшөт.
Касым карыя жыгач олтургучтардын бирине көчүк басты. Өткөн-кеткендерге көз салып, аркы-беркини ойлоп кыйлага олтурду. Кайда шашат эле. Күнүгө ушинтет. Уул-келини менен тигил кабат үйдө чогуу турат. Байбичесинин көзү өткөнүнө быйыл алты жыл болду. Жыл айланыпашын бергенден кийин уулу атасынын жер үйүн саттырып, өзүнүн тар квартирасын кеңейтип, шаардын так ортосуна көчүп келишкен. Андан көрө жер үйгө чогуу жашайлы десе уул-келини ынабай коюшту. Карыган кезиңде шарты бар жылуу үйдө жашашың керек дешти алар. Бул чечим Касымдын көңүлүнө төп келбесе да айла жок жалгыз уулунун айтканы менен болду. Анан жалгыз жашамак беле?! Алардыкы деле туура. Бирок али күнчө тигил кабат үйгө көнө албай жүрөт. Өзү өмүр бою гезиттерде журналист болуп иштеди. Ал кезде гезит-журналдардын баарысы өкмөттүкү гана боло турган. Бир калыпка салынган тартип, эреже бар эле. Ийгиликтүү иштерди, эмгекчил адамдарды даңазалап жазышчу. Олуттуу темалар менен алек болушчу. Азыркыдай ээн ооздук, өзүм билемдик жок эле. Эми анын кайсы бирин айтасың. Мына ушуларды ойлоп олтуруп, карыя советтик учурду кадимкидей сагынат. Көңүлү сыздап кетет. Кээде түшүнө да кирет ошол кездер. Кайран доор өткөн экен да. Оюна келгенин жазып, оозуна келгинин оттоп жаткан азыркы гезиттерге жүрөгү ыйлап турат. Эмне деген гана заман болду?! Жазып көнгөн жаны бирин-экин макала даярдап ошол ооздугу жок гезиттерге алып барса баспай коюшту. Азыркы жаштардын тарбиясы, жалкоолугу тууралуу болчу. Жарабайт дешти. Сенсациялуу, кыска, курч материалдарды гана басабыз дешти. Андан алып дагы бир гезитке барды. Алар өтө эле узун экен, кыскартып кел дешти. Касым үчүн өзүнүн ар бир сүйлөмү маанилүү эле. Капа болгон карыя колтугуна кысып келген макаласын үйүндөгү эски, калын папкесиндеги кол жазмаларына кошуп койду. Азыркылардын маанилуу нерсени түшүнбөгөн тайкылыгына капа болду. Кийинчерээк дагы бир макала жазып барса акча төлөңүз дешсе болобу?! Касым буга да капа болду. Ушундан кийин эч нерсе жазгысы келбей калды. Анын жазгандарына азыр эч ким деле муктаж эмес экен көрсө.
Ал өткөн-кеткенди ойлоп кыйлага олтурду. Анан ордунан туруп, колдорун артына алып, илкий басып үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта уул-келини кызматтарына кетип калышат. Уулу ички иштер тармагында, келини чет өлкөлүктөргө тиешелүү уюмда иштейт. Командировкаларга көп барат. Иши ошондой экен. Ал эмне болгон уюм – Касым анчейин түшүнө бербейт. Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткени менен үй-жайын тыкан кармап, тамаш-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен алек болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзүда жалгыз бала болсо анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда. Келин эстүү болгондо керт башына эле карабай күйөөсүнүн балалуу болушун да ойлошу керек эле деп толгонот карыя. Азыркылар өзүмчүл эмеспи. Илгери согончогу канабаган ургаачы эринин багын байлабай өзү эле жол бошотчу. Керек болсо төрөй турган аялды эрине өзү таап берчү да. Эчен ирет ушул сөздү козгоюн деп бирок баласына батына албады. Жараатына тийип аламбы деди. Эч ким менен чечилип сүйлөшпөгөн түнт баласы кандай кабыл алат? Кагуу жеп калабы... Ошол бойдон эч нерсе айта албады. Бирок дайым ушул санаа жүрөгүн курттай оюп жеп келет. Аркы-беркини ойлоп олтуруп үйүнө жетти карыя. Эшигин ачканда эле аны тунжураган жымжырттык тосуп алды. Ичкери кирип телевизорду иштетти. Баардык каналына коюп көрдү. Көрө турган эч нерсе жок. Биринде атышкан, бычакташкан кино, биринде төө куштардай аркайган жарым жылаңач аялдарды сынактан өткөрүп жатышат. Сулуулар имиш. Аял деген эптүү-сындуу болгондо гана сулуу да. Азыркылар чыныгы сулуулукту да билбей калышпадыбы. Дагы бир каналда күрсүйгөн эркек киши камыр ийлеп, тамак жасаганды үйрөтүп жатат. Көрө турган эч нерсе жок. Нааразы болгон карыя телевизорду өчүрүп салды. Анан шашпай чай коюп ичти. Жалгыз олтуруп ичкен чайың курусун. Мындайда дайыма байбичечин эстейт. Ар бир жолу ысык демдеп кадырлуу конокко бергендей абышкасына баптап чай берээр эле. Качан болсун дасторкону даяр болчу. Кечкисин келини деле ынтаасын коюп ысык чайын берет. Бирок баары бир байбичесинин чайына окшобой койду го.
Чайын ичип болгон соң өз бөлмөсүнө кирип калың папкедеги кол жазмаларын алып чыгып үстөлдүн үстүнө жайды. Мындай папкелер толтура. Текчелерде жыйылып турат. Биринде макалалары, биринде ырлары, биринде кара сөздөрү айтоор бүткөнү бар, бүтпөгөнү бар. Кереги жоктору да толтура. Аларды ыргытканга колу барбайт. Касым карыя үчүн баардыгы баалуу. Келини үй жыйнаганда кагаздарын жактырбай ары-бери түртүп тыкыстап жыйнап салат. Менин кагаздарыма тийбей эле койчу деп айта албай койду. Кемпирин үстөлүнүн жанына жолотчу эмес. Ал азыр“поэзия” деген папкедеги кагаздарын жайып олтурду. Саргарган барактар. Ар кайсы жылдарда машинкеге басылып, боектору өчө жаздап калган ырлары, кол менен жазылгандары да жүрөт. Ушунун баарын өмүр бою өзүнө жан жолдош кылып келаткан машинкесине өзү баскан. Эми машинкенин да убагы өттү. Азыр жапырт компьютер менен иштеп калышпадыбы. А Касым компьютерге ишенбейт. Андан өчүп калат дешет. Дагы көп балакеттери бар дешет. Тигинде уул-келини алып берген компьютери деле турат. Түнкүсүн машинкесин тыкылдата бергендетигилер тажашкан окшойт да. Уулу адегенде атасына үйрөтө баштаган, карыя анчейин көңүлсүнбөй койду. Улам үйрөнгөнүн кайра унутуп, жазгандарын кайра таппай калат экен. Кыскасы, машакаты көп экен. Андан көрө тиги темир машинкесинен өтөөрү жок. Ишенимдүү, бузулбайт. Аны келин-уулу жер төлөдөгү кампага киргизип салалы дешкен. Карыя чок баскандай секирип болбой койду. Касымдын жаш чагындагы эңсөөсү – акын болуу эле. Болгондо да атактуу акын болом деген дымакта жүрчү. Көп жылдар ушундай көксөө менен ыр артынан ырларды жазып жүрдү. Жашыраак чагында үч китепчеси жарык көрдү. Гезит-журналдарга да басылып чыгаар эле. Ошонун баары анча-мынча шык-жөндөмдүн анан жаштыктын деми менен жазылса керек. Кийин андай ырлардын жазылышы да кыйын болуп калды. Өзү эңсегендей атактуу акын боло алганы жок. Анын өз пикиринде акын болушуна жолтоо кылгандар, бут тоскондор, түшүнбөгөндөр көп болду. Советтик замандын акыркы жылдарында кезектеги китебин басмакана чыгарбай койду. Чийкилери көп, кайрадан оңдоо керек дешти. Дагы башка көп шылтоолорду айтышты. Гезит-журналдардын басышы да кыйындады. Ошончо көп ырларды жазса да негедир акын катары элге тааныла албады. Ал тургай уул-келини да атабыз акын экен деп ойлоп коюшпайт. Алар үчүн жүргөн бир абышка. Бирок ал баары бир өзүн акынмын деп эсептейт. Ыр бааланбай калган азыркы заманда мен да бааланбай калдым, атагым чыкпай калганына азыркы коом күнөөлүү деп ойлойт. Ким билет, балким карыянын өз ою туурадыр. Ар кимге өз пикири туура эмеспи. Мына азыр да кол жазмаларын аңтарып олтурат. Эски кагаздарын караганды жакшы көрөт. Анткени өткөн жылдарын эстейт. Касым карыя өткөнүн ойлоп жашаганды жакшы көрөт. Ал үчүн бүгүнкү турмушта кызыктуу эч нерсе жок. Дагы бир папкеде бүтпөй калган тарыхый романы бар. Ортолоп калганда негедир таштап койгон. Кийинчерээк улантаармын деген. Азыр колуна алууга даабайт. Дагы бир желим папкеде учурунда гезиттерге жарыяланган очерктери бар. Көпчүлүгү эмгектин алдынкылары жөнүндө болчу. Булардын азыр эч кимге кереги жок. Ыргытуу керек. Ага болбой эле сактай берет. Анын кагаздарынын ушунчалык көптүгү келинине жакпайт. Баарынан да таңгак-таңгак болгон эски гезиттердин эмне кереги бар? Келиндин оюна койсо мунун баарын бир заматта жок кылмак. – Үйдөгү кереги жок буюмдар тескери энергия чыгарат, бул илимий жактан далилденген, анын үстүнө кагаздар чаң топтойт, – деп келини чай ичип олтурганда айтты эле. Карыя ошол сөздү өзүнө алса да эч качан ага макул эмес. Менин жазган эмгектерим буларга кереги жок буюм тура деп ичинен нааразы болду. Тескери энергия деп кайдагыны чыгарышат. Жарым беттик өмүр баяндарын жаза алышпайт, китеп бетин ачышпайт да анан тескери энергияны кайдан билишет деп наалыды. Кээде түнкүсүн машинке басчу эле. Ага да тыюу салышты. Келини уктай албай жатыптыр. Алардын бөлмөсүнө угулат экен көрсө. – Өзүнчө компьютер алып бердик го, ошого иштебейби, айтпайсыңбы атаңа?! – деди күйөөсүнө. Карыя түнкүсүн машинке баспай калды. Бирок уйкусу келбегендик– тен үстөлдөгү шам чыракты жандырып, көз айнегин тагынып алып эскигезит-журналдарды барактайт. А кээде жөн гана нес болгон немедейтелмирип кыйлага олтура берет.
#359 25 Декабрь 2018 - 10:39
Ушул үйгө көчүп келгени капаска түшкөндөй эле болду. Эртең менен бир маал бакка басып келгени болбосо тунжурап олтурганы олтурган. Кээде кагаздарын да карагысы келбейт. Чоң көчө тараптагы балконго коюп алган олтургучу бар. Ал жерге бир олтурса көпкө олтурат. Төртүнчү кабаттан чоң көчөлөрдүн кесилишиндеги шаардын кайнаган тирилиги алаканга салгандай көрүнүп турат. Жайнаган машинелер кумурсканын уюгун элестетет. Төрт тарапка өткөн элдин аягы суюлбайт. Ошолорду тиктеп олтура берип карыя ар кандай ойлорго чарпылат. Кайра эле баягы өткөн заманын ойлойт. Атаңдын көрү, баягы совет доору болгондо эмне... эмгиче далай китеби чыгат эле. Балким бүтпөй жаткан романы китеп болуп элге тарап кетмек. Макалалары гезит бетин бербей байма-бай жарыяланып турмак. Калем акыга маарымак. Айтоор жыргап-куунап жашамак. Кээде чай үстүндө ошол заманды кеп кылса уулу жактырбай жатпайбы. – Ал учурда айта бергенде эмне, азыр такыр башка заман, бүгүнкү турмуш менен жашаш керек, – дейт уулу. Келини унчукпай олтурганы менен күйөөсүнүкүн туура көрөт. Карыя үндөбөй олтуруп калат. Бирок ичинде таптакыр макул эмес. Өзгөчө уул-келининин үй бүлөлүк жашоосуна ичи чыкпайт. Бул дагы жаңы замандын талабыбы же баласы жок үйдө ушундай эреже өкүм сүрөбү? Айтоор аскердик тартип менен саатка карап жашашат. Күн сайын окшош турмуш. Кечки тамакты бири бирине чоочун адамдардай унчукпай олтуруп ичишет. Эмне сөз баштаса да тигилерге жакпай калаарын ойлоп карыя да үндөбөй олтура берчү болду.
Азыркылар ушундайбы же уул-келини өтө сакпы ким билет -бир жолу карыя бакка басып келип үйүн ачайын десе ачкычы жок. Түшүп калса керек. Чөнтөктөрүн сыйпалап таппай калды. Артына барып кыйла жерди издеди. Табылган жок. Ошондо да келин-уулу абдан капа болушту. Өзгөчө келини кубарып-кумсарып өзүнчө бирдемелерди угузуп-угузбай сүйлөнүп жатты. Ошол күнү эле эшиктин кулпулагычын алмаштырышты. Антпесе болбойт дешти. Көрсө ачкычты таап алган неме үйгө ууруга кириши мүмкүн экен. Ал кайдан билет десең ачкыч ушул үйдүкү экенин. Кыскасы ачкыч экинчи жоголбосун деп уул-келини катуу эскертишти. Атасынын көңүлүнөн да ачкыч кымбат болуп кеткенине карыя ичинен таарынды. Ошентсе да ал ачкычына сак болуп калды. Анан да ушунча жылдан бери сырткы эшикти ичинен бекитип алганды үйрөнө албай койду. Көбүнчө унутуп калат. Көнбөгөндүкү да. Анан эле келин-уулу.
– Эшик дагы ачык калыптыр, – деп башташат. – Ой, андан эмне болуп кетмек эле. Үйдө мен олтурамын го, – деди карыя бир жолу. Келини мыскылдуу жылмайып күйөөсүн карады. Уулу башын чайкап алды да, түшүндүрө баштады.
– Ата, квартираларга ууруга кирип жан баккандар бар. Ошону кесип кылып алышат. Эшик ачык болсо аларга кудай берет. Сиздин олтурганыңыз бир тыйын. Сизден да бирөө коркобу?
Карыяга уулунун акыркы сөзү катуу тийди. Ооба, менден эч ким коркпойт. Мен азыр эч ким эмесмин деген ызалуу ойго чөктү. Бирок капасын билгизбей өз бөлмөсүнө акырын басып кирип кетти. Текчеде турган байбичесинин сүрөтү “капа болбо абышка, алар айта берет, баары бир сеники туура” деген таризде карап туруптур.
Ошондон көп өтпөй эле бир күнү кечинде уулу айтып калды:
– Ата, сиз эртең ооруканага жатышыңыз керек. Келиниңиз баарын сүйлөшүп койду. Мен өзүм жайгаштырып келем.
– Эмнеге кокуй? Мен сопсоо эле турам го, – карыя уулун таңыркай карады.
– Биз эс алууга чыгып, алыска кеткени жатабыз бир айга. Сиз жалгыз жашай албайсыз. Келиниңиз да сизге ишенбей жатат.
– Кудай урган тура, эч жерим оорубаса эмне деп жатам доктурга?
– Ушул жашыңызда кантип эч жериңиз оорубасын? Алдын ала текшерүүдөн өтөсүз, дарылашат. Анын үстүнө ал карыялардын ооруканасы. Сизге окшогон абышкалардын баарысы ошол жерде , – деди уулу өктөм сүйлөп. Карыянын шагы сына түштү. Бирок бул жолу да уул-келинине катуу айта алганы жок.
Эртеси уулу атасын машинесине салып ооруканага алып жөнөдү. Касым карыя ушул азыр чындап эле карып, жүдөп, ооруп калгандай көрүндү. Арткы орундукта үңкүйүп чөгүп олтурду. Аңгыча уулунун чөнтөк телефону шыңгырап калды.
– Ооба, макул, макул. Унутпайм, – деп кыска жооп берди. Анан атасына бурулуп
– Үйдүн ачкычын мага берип коюңуз, жоготуп аласыз, – деди. Атасы чөнтөгүнөн ачкычты алып, үндөбөстөн уулуна карматты. Оорукананын керебетинде жатып карыянын ойлору он талаа болду. Жалгыз бала деп көзүн карап, эркелетип, энеси экөө алаканга салып, мээрим менен чоңой-тушкан эле. Эмнеге мындай кайрымсыз болуп калды деген ойлор карыянын көкүрөгүн эзип жатты. Төрөбөгөн аялынын сөзүнөн чыкпай, ошонун гана көзүн карап жашап калганына бир чети уулунабоору ооруду. Таш боор уул-келинине анан бүгүнкү кайрымсыз жексур заманга таарынган карыя эртеси чындап эле ооруп калды. Көтөрүлүп кеткен кан басымын түшүрүш үчүн доктурлар баардык аракеттерин көрүп жатышты. А ушу маалда Кара-Деңизде эс алууну көксөгөн уул-келини көк мейкиндин бийигинде самолетто учуп баратышты.
Тараза
Бишкек шаары.
2011-ж. Июнь.

Билдирүүнү түзөткөн: Ylykbek1990: 25 Декабрь 2018 - 10:41
#360 18 Ноябрь 2019 - 10:23
Келин!
(Болгон окуя, 1997-2003 жылдары)
Тобоо кылам, азыр айткан сөзүмө чындап тобоо кылам балам. Ал күч барында, акча деген адамды бат азгырат тура. Ал кезде мен аябай күчтүү, сөзүм өткүр курч, байдын байбичеси болуп турсам, баары менден айбыгып тике карап да сүйлөй алчу эмес. Өзүмүн кыз келиндерим эмес , тууган уруктун, колу коңшунун келиндери да ыйбаа кылып турушчу. Убакыт келип эң кичүү уулумду үйлөр мезгил келип, аябай кыз издедик. Колдо кала турган келин деп аябай сураштырып, көрүп билген жерден алалы деп аракет кылдык. Биз канчалык аракет кылбайлы, Жараткан Алла Таала эчаак эле бирөөнү маңдайына жазып койгонун ал кезде кайдан билейин. Биз тапкан кыздар уулума жакпай , көкүрөк күчүгүбүз кенже уулубуз болгон үчүн , акыры өзү тапкан кызга куда түшүп, сөйкө салып келдик. Биздей бай болбогон менен , сыйга аябай жакшы экен кудалар. Дасторконун жайылтып колунан келишинче сыйлап, тойду өткөрүп , келинди үйгө киргизип алдык. Келиним биринчи күндөн эле аябай жароокер, кичи пейил, өтө жөнөкөй экенин баамдадым. Бирок мага колдогу келин бир аз кыялы тарс турс, кичине катуураак болсо деп ойлочуу элем. Себеби биздин кашыктап чогулткан үй жайды, дүйнөнү бекем болсо деп, абышкам экөөбүз ниет кылчу элек. Келиндин аягынан, койчунун таягынан деп бекеринен айтылган эмес экен, көп жакшы иштерди ушул келин келгенден кийин жасадык. Абышкам келинге аябай жакшы мамиле кылып , эмне иш кылса экөө эрчишип, келин дагы, ата мындай кылайынбы же тигиндей кылайынбы деп сөзсүз түрдө сурап кылат. Ошондой жакшы күндөрдүн биринде эле биз күтпөгөн окуя болуп калды. Үйдөн акча жоголуп калды, аябай жаман болдук, үйдө ашыкча адам жок. Биз, анан уулум менен келиним. Ичибизден эле сыздап унчукпай, улам келин колу туткак чыккан окшойт, колунда жок жерден алсак , мүмкүн ошондой болуп жүрбөсун деп ойлонуп, келинди байкап, улам баскан турганын карайбыз. Ал мурда кандай болсо ошондой эле жүрөт, сыр бербейт. Экинчи жолу дагы абышкамын чөнтөгүнөн акча жоголду, эми чындап ачууга алдырып келинди аябай тилдеп салдым. Ал болсо, апа эмне жөнүндө айтып жатасыз, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, кандай акча, мен эч кандай акча көргөн жокмун деп көз жашын төгүп ыйлап жиберди. Ишенген жокмун, абышкам да менин сөзүмө кирип, келинге мурдагыдай болбой , өз бөлмөбүздү култап калдык. Баалуу буюмдарды, акчаны ачык койбой турган болдук. Арадан бир топ ай өтүп , үйдөн чоң суммадагы акча жоголду. Эмне кылабыз, эми кимден көрөбүз , башыбыз катты. Ошол окуядан көп өтпөй айылда бирөөлөргө мал, кой бактырчу элек, алардан кабар келди, уулунар бир топ койду сатып акчасын алып кетти деген.<br style="box-sizing: border-box;"> Мына сага анык уруу эми чыкты, эмне дээрибизди билбей калдык. Көрсө үйдөгү акчаларды да уулум алып жүрүптүр. Биз байкуш келинден көрүп, аны жемелеп, акыркы күндөрү аябай чунчуп кеткен эле байкуш келин. Абышкам экөөбүз эки жолу келиндин бөлмөсүнө акча коюп да көрдүк. Бир жолу алардын бөлмөсүндөгү килемдин астына коюп койсок, келин үйүн жыйнаган кезде таап, ата үйдө акча туратко деп көтөрүп чыккан. Абышкам экөөбүз тең сыр бербей кандай акча экен деп алып койгонбуз. Аа бир койгон акча , ошол койгон жерде тура берген эле. Анда ан сайын башыбыз маң болуп, эмне деп ойлонушту да билген эмеспиз. Эмне себептен, эмне жетпейт буга деп үйдө аябай ыйладым, келиним чогуу ыйлап жүрөт, апа баланызга ыйман, ынсап берсин Кудайым. Адашкан чыгаар, көп кыжаалат болбонузчу деп мени кайра аяп жүрөт. Уулум ал акчаларды алган бойдон жок, акыры чоң уулум таап келди, бир нече убакыт өткөндөн кийин. Жаман балдарга кошулуп , кумар оюндары менен алек болуп жүргөн экен. Акча десе акча, кийим десе кийим даяр уулума, баарына өзүм күнөөлүү элем. Жашым өтүп калган кезде төрөгөн уулум эле деп, аябай эрке кылып, бардык айткан нерсесин даяр кылып берчү элем. Көрсө баланы даяр оокатка көндүрүп үйрөтүү туура эмес экен. Баланы жаштайынан эмгекке үйрөтүп, өз оокатына тын болууну үйрөтүү керек экен.
Бир жыл өтүп келиним уул төрөп, бир аз болсо да баягы жаман иштер унутта калып, үйүбүз жарык боло түштү. Мүмкүн уулдуу болгон соң , уулум да өзгөрөт чыгаар деп ойлодук. Башында жакшы көргөн аялын , төрөгөн соң кол көтөрүүнү адат кылды уулум. Мен келинден талап кылам, күйөөңдү башкар, каякка кеттиң, ким менен жүрөсүң деп сура, сен катуу болсоң ал үйдөн чыкпасын дейм. Байкуш менден корккон үчүн күйөөсүнөн сураса , ал эркектик кылып өзүм билем , ишин эмне сенин, сенден сурап чыгышым керек бекен деп кол көтөрөт экен, аны кийин билдим. Кээде үйдөн чыгып кеткен боюнча жумалап келбей коёт, келгиче сар санаа болобуз, келинди да ойлонуп, бул да бирөөнүн баласы, жаш болсо деп аяйбыз. Эң башкысы уулум үйгө аман эсен келсе болду деп, айла, арга жок күтүп калабыз. Билинбей ушундай жашоо менен төрт жыл жашадык. Ал арада келин аябай арыктап, чунчуп кетти, далай жолу күйөөсүнүн таягын жеди. Бирок бир да жолу же бизге, же ата энесине арызданган жок, кетип деле калган жок. Унчукпай оокатын жасап жүрө берди. Азыр ойлосом ошол учурда аны жакшы сүйлөп, алдап соолап алып жүрсөм мүмкүн баары башкача болмок беле деп. А мен уулума ачуум келген учурда келинден чыгарып алчу элем. Сен катуу болбойсунбу, сен мындай болбойсунбу деп турат элем. Акыры биздин жашоого чыдабай кетип калды, барып алып келели деп эки күндөн кийин абышкам экөөбүз бардык. Бирок келиним бир сүйлөп, менден ыраазы болгула, сабырдын да чеги болот, эми үстүмө алтын чачсаңыз да кайра ал эшикти аттабайм деди, жаман аялдар сыяктуу үйүмө качып, кайра барган жокмун, сабыр кылып күттүм, бирок эми кеч. Уулумду бербейм деп айтканда , ачууга алдырып ийдим, барбасан барба, бербесен бербе, өз уулум ата энесине жакшылык кылбаган , сенин уулуң бизге жакшылык кылмак беле дедим да, ордуман туруп чыгып кеттим. Жараткан сөз сүйлөгөн кезде абайлап сүйлөш керек деп бекеринен эскертүү бербептир да, шашпа , менден улуу сүйлөбө деген окшойт. Пенде биз өлбөчүдөй болуп, жашоого түбөлүк кала тургандай боло берет экенбиз. Турмуш өзү убакыт менен көрсөтүп, сабак кылып сыздатып, качан гана тобоо кылганында жайына коёт турбайбы. Он жыл арасында кенже уулум каза болду, ошол жаман жүргөндүн кесепетинен , көп өтпөй кызым, дагы эки жыл ичинде чоң уулум да каза тапты. Абышкам экөөбүз ушуларды көрбөй жер астында болсок ыраазы элек. Бирок Жараткандын таразасынан кутулуп кетүү мүмкүн эмес тура. Абышкамын жүрөгү мунун баарын көтөрө албады, инсульт болуп бир нече ай төшөктө жатып акыры бул дүйнөдөн кете берди. Ошондо баягы айткан сөзүм башыма таш менен ургандай болду, топурак салыш керек, неберемди чакырттым. Келиним, неберемди алып келди, өзүмүн балам жакшылык кылбаган, сенин балан кылмак беле деген сөзүм үчүн, аябай тобоо кылдым. Ушунча жаман иштердин баары бир, ошол айткан сөзүм бир болду. Неберем жай башына барып, чоң атасына топурак салды, мына жакшылык. Сала турган атасы эбак жер алдында жаткан. Адамдын ичинен күйүп, ичинен сыздаганы эң оор жүк экен. Меникиндей карылыкты эч кимге каалабайм, бир убакта айтылган сөз үчүн, мындай кымбат жооп береримди билгенде., аттиң арман. Мына жашымда жыргап ушул бойдон жүрө берет экенбиз деген менен, ал күч кетип, карылык деген алдыда күтүп турат экен. Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттүү деген сөз бекеринен эмес тура. Келиним куран окуп, неберемди таштап кетти, сиз жалгызсыз, кыздын балдары барибир өзүңүздүкү эмес, бир аз жүрө турсун деп. Ушундай ыраазы болдум, убагында ушул дөөлөттүү, ак жолтой келинимди барктап алганда, мүмкүн мындай болбойт беле, ким билсин, Неси болсо да тобоо кылдым, жалынып жалбарып тобоо кылып жүрөм деп, Жараткан билип билбей кетирген каталарыбызды, күнөөмдү кечирсин, деп өз башынан өткөн окуяны айтып берди - апа.
Адам кандай гана тагдыр маңдайына келбесин өзү себепкер болуп калат окшобойбу. Турмуш мугалими деп бекеринен айткан эмес да улуулар. Канчалаган адамдар, тагдыр, жашоо........... .. Уул жаманы уйгак, этек жеңге жабышып жүрө берет. Ата эненин маңдайына бүткөн тирүүлөй тозок, андан өлүп кана кутулбасаң, тирүүңдө кутулбайсың деп улуулар бекеринен айткан эмес да. Баланы төрөлгөнуно сүйүнбөй, курсакта кезде эле ыйман, ынсап берсин Кудайым деп тилөө керек экенине ынандым. Эч нерсе дей алган жокмун, жүрөгүм ооруп, ыйлап турдум, кимге кандай карылык берет билбейбиз, арканды узун таштап, эртең кандай күн болорун унутпасак экен деп ойлоп кеттим. Жаштарга, балдарыбызга, кыз келиндерге баарына ыйман берсин Жараткан!

Билдирүүнү түзөткөн: Rus.89: 18 Ноябрь 2019 - 10:37