Арандан зорго Апакемдин эркелетуу, алдоо сыяктуу аракети менен уйкудан ойгонуп, апакем менен эжелеримди кыйнап бышындап жатып, тамак жебей уйкумду бузушканына таарынып, жада калса кофтамды кийууго колумду да которбой шалкылдап туруп берип, козумдогу он талаа жашым менен эжемдин жетегинде мектепке жоночумун, эси жок эрке экенмин да корсо..Класска киргизип эжем которуп отургучка отургузуп коюп, мугалимибиз менен бир нерселерди аста кобурашып чыгып анан, озунун сабагына кетчу.
Ошондой тентектигим, эркелигим менен, кыялымды таба албаган мугалим болсо, балким...билбейм кандай болмокмун...
Бир куну эжекейим устолунун устунон аябай соонун, кооз куурчакты колуна алып бир жерлерин баскылады эле, анысы "мама-мама" деп жатты, ал учурда андай куурчак жаныдан дукондорубуздон корунуп, баардыгы эле аны ала алчу эмес, айтор мен учун ал жанылык эле. Доскага бир нерселерди жазган эжекейим куурчакты корунуктуу жерге койду да, жазгандарын кайталатып айттырып, сон ар бирибизди тургузуп окута баштады. Арабызда бою кичине Жумакан деген классташым жакшы, алгачкылардан болуп шарылдатып окуп салгандыгы учун баягы куурчак анын партасынан орун алды. Мен чынында тамгаларды муундап шар окуй албагандыгым учун, мага кезек келгенге чейин озголорду угуп туруп жаттап алдым да, (эсимде ал создор кам-па, лам-па ...деген создор эле), кезегим келгенде досканы карап туруп эле жаттаганымды айтып салдым, окубадым. Жыйынтыгында кооз куурчак менин партамдан орун алды. Ошол кун- балким менин окууга болгон дилгирленуумдун ачкычы чыгаар, айтор мен башка нерсе учун эмес, кооз куурчакты каалашымча уйпалап ойнобосом дагы, жон гана анын партамдын устундо туруусун каалаганым учун "окучумун" . Ошентип ар сабакта жакшы окугандар куурчак жана таттуу менен сыйланаар элек.
Эжекейимдин ысымы Турдукан эле(фамилиясы эсимде жок), Таластан деп атамдар айтканын кулагым чалганы бар эле.
Баарыбызга бирдей тустогу дептер сатып алып, ачтырып..корсо баланы суйгон, оз кесибинин мыктысы экен эле да асылым. Бир жолу журнал толтурганы менин ручкамды алды да, ордуна сырты бир укмуш башкача ручка берген эле. Ошондогу кубанганым. .кубанычымда чек жок эле. Бир майрамда кайдан жайдан таап, кыздардын баарына окшош когуш тустогу, сары гулдору бар койнок кийгизген эле.
Кийин ал эжекейибиз бизди окутпай калды, ар эки- уч айда класс жетекчибиз алмашып, колдон-колго отуп калдык, себеби ал эжекейим Таласка бара жатып автокырсыкка учураган экен, биздин айылдан биротоло кочуп кетиптир (бул туралуу кийин билдим, азыр аман бекен деги.. андан кабарсызмын. .).
Уйунун алдында бийик узундугу 2,5 метрден жогору арча дарагы бар эле, кичине кезимде ал арча дарагын айылда осо бербеген озгочо дарак катары, тан калып карасам, азыр ал арча дарагын карап эжекейимди эстейм. Ал жашыл дарак омур карытып, дале турат, негедир айылга бараарым менен ошол даракты издейм..Коп "жашачу" ал арчанын омурун эжекейиме тилээр элем, ылайым аман-эсен болунуз, (башын бир жагына аста кыйшайтып сулуу кадам таштайт эле,) ылайым ошол сулуу кадамдарыныз жакшылыктарга гана шашып, арыштап жургон болсо экен, менин эн алгачкы тарбиячым, азыркы жашоомдун маанилуулугунун себепчиси, боео сезимдеримди жетектеп, келечегимдеги ырыстуу жолдуу коргозгон-БИРИНЧИ МУГАЛИМИМ!
Билдирүүнү түзөткөн: Mondur: 05 Июнь 2012 - 21:00