Кальян жөнүндө Кальяндын пайдасы, зыяны, түрлөрү жөнүндө жазгылачы
#1 12 Май 2017 - 13:16
Кальяндын пайдасы , зыяны , турлору жонундо жазгылачы билгендер болсо
#3 12 Май 2017 - 14:28
Кандай адамдар чыдап чегет бул затты.Жыты алыстан келсе башым кадимкидей ооруп чыгат.Чеккен адамдарга кандай таасир берет экен дейм да?
#4 12 Май 2017 - 19:55
#5 12 Май 2017 - 19:56
mma_fighter (12 Май 2017 - 13:16) жазган:
Кальяндын пайдасы , зыяны , турлору жонундо жазгылачы билгендер болсо
Кийинки шилтеме менен өтсөңүз, видеосу да бар:
https://www.super. kg...icle/show/13185
#6 12 Май 2017 - 21:00
Зыянбы ошондо же пайдалуубу

Билдирүүнү түзөткөн: Aijana121197: 12 Май 2017 - 21:17
#7 12 Май 2017 - 21:57
#8 12 Май 2017 - 22:56
#11 21 Май 2017 - 23:41
Чегип коргом зыян экен, опконду кургатып жиберет экен, бирок мен эч кандай даамын сезген жокмун, жанымдагыларга айтсам, сен чеге албай койдун деди, ошол анан .
#12 22 Май 2017 - 08:47
Абдышүкүр ажынын баянынан кийиин вообще тамеки менен кальянды көргүм келбей калды.
#14 22 Май 2017 - 11:16
#15 22 Май 2017 - 11:20
Калян зыян болсо керек,опкондон эртереек айрылгын келип бул дуйно менен коштошкун келип атса калянды чегип журо бер.Сегеретти таштайм деп электрический сегерет чегип жургондор да ойлонгула ал электронный сегерет да опкону кургатып ийет экен.Бул медицинада аныкталган.
#16 22 Май 2017 - 12:36
Тамеки ден соолукка кандай зыянын тийгизсе бул калян андан ашып отсо керек.
#17 22 Май 2017 - 12:50
Бүгүнкү күндө көпчүлүк кафе, бар, түнкү клубдар кальяндын ордосу болуп калды. Алгач мода катары чегишсе, учурда аны адатка айланткандар да жок эмес. Ал эми кальян тартуунун өмүрдү кыскартып, өлүмгө эрте жетелей турган зыяндуу жагы бар экендигин билгендер аз.
МҮНӨЗДӨМӨ
Кальян бул – тамеки чегүү үчүн колдонулуучу аспап. Негизги кызматы – тамекиден чыккан түтүндү суу аркылуу чыпкалоо. Кадимки тамекини чегүүдө андан чыккан түтүн өпкөгө түз барат. Ал эми кальян болсо, түтүндү суу аркылуу чыпкалап (мында түтүндөгү уулуу заттардын кайсы бир өлчөмү калып калат), ага кошумча сууга кошулган шарап даам берип, анан өпкөгө өткөрөт.
ТАМЕКИСИ
Кальян тамекиси курамына жараша бөлүнөт.
Томбак. Муну алгач сууга салып нымдап алышат да, анан катуу сыгып, кальян идишине салышат. Курамынын 30 пайызын тамеки жалбырагы, 50 пайызын канттын ордун алмаштыргыч зат (патока) жана калганын жемиштердин кошулмалары түзөт.
Массил же тобамел. Курамынын 70 пайызга чейинкисин бал, канттын ордун алмаштыргыч зат, жемиштер жана нымдуулук берип туруу үчүн кошулган глицерин түзөт. Калган 30 пайызы тамеки жалбырагынан турат.
Негизи, кальян тамекиси шире чыккандай сууланып жана тамеки жалбырактары бири-бирине былжырап жабышып турат. Сыртынан караганда кыямга окшош. Ал эми кургап калган кальян тамекиси өзүнүн сапатын жоготуп, таасир бере албай калат. Даярдалган тамеки фольгага оролуп салынат.
45 МҮНӨТ КАЛЬЯН ЧЕГҮҮ 1 КУТУ ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ МЕНЕН БАРАБАР
Кальян чегүү чыңалган нервди жазып, рахат тартуулаганы менен, ден соолукка өтө зыяндуу. Алсак, изилдөөчүлөрдүн айтымында, 1 саат кальян чеккен адам тамеки тартканга караганда түтүндү 100-200 эсе ашыкча жутат. Себеби бир даана тамекини чеккенде адам 13-15 жолу гана сорот. Кальянда никотиндин өлчөмү аз болсо да, ис менен өпкөнү ууландырат. Себеби адамдар кальян чегип рахат алуу үчүн көп убакыт отурушат.
Кальянга бир порция үчүн 10 грамм кальян тамекиси салынат. Ал эми кадимки 1 даана тамекинин салмагы 0,94-0,96 граммды түзөт. Канадалык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы 45 мүнөттүк кальян чегүү учурунда адам организми бир куту тамекиден чыккан иске уулануу менен барабар боло тургандыгын көрсөткөн. Тамеки организмге кандай зыян алып келсе, кальян да ошондой зыян алып келет. Башкача айтканда, рактын пайда болушуна, жүрөк-кан тамыр жана башка ар кандай ооруларга жол ачат.
Кальянды көбүнчө достор, тааныштар чогулуп алып чегишет. Бул өтө кооптуу. Себеби бир түтүкчөдөн баары кезектешип чегишет. Бул ар кандай инфекциялардын жугушуна алып келет. Мындан сырткары алкоголь ичимдиктерин кошо ичүү да кооптуу.
Кээ бир эс алуу жайларында кардарларды кальян чегүүгө көндүрүү үчүн кальян тамекисинин курамына маң заттарын кошушат. Билинбей отуруп мындай адамдар келечекте баңгиге айланып калышы толук мүмкүн.
Маң заттары үчүн кальяндар
Маң заттары болуп саналган гашиш жана марихуана үчүн жасалган кальяндар да бар. Бул түрү адаттагы түрлөрүнө салыштырмалуу бир аз узунураак жана чөйчөкчөсү өтө кичине болот.
КАЧАН, КАЙДА ПАЙДА БОЛГОН?
Кальян 17-кылымдарда Индияда пайда болгон жана мусулман өлкөлөрүнө өтө тездик менен жайылган. Ал эми кальян чегүү Европага 21-кылымда жетип, чыгыш экзотикасынын өзгөчөлүгү катары модага айланган.
Илгери кальянды жез, латунь өңдүү металлдардан жасашса, азыркы усталар алардын ордун болот менен алмаштырышты. Анткени болот дат баспайт жана тазалаганга да жеңил. Ал эми түтүн соруучу түтүкчөлөрү мурда териден болсо, учурда силикон материалдан жасалууда.

#18 22 Май 2017 - 15:14
Кальян Ден соолукка көбүрөөк коркунуч келтириши мүмкүн
Адистердин айтуусунда, кальяндын курамында никотин, өпкөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу чөптөр жана ар кандай ароматизаторлор бар. Жөнөкөй тамеки чегүүгө караганда ден соолукка көбүрөөк коркунуч келтириши мүмкүн. Аны тынымсыз чеккен адам кальянга көз каранды болуп калат. 2014-жылы Казакстанда өткөн изилдөөлөрдүн негизинде кальяндан адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизген заттарды таап чыгышкан. Анда өпкөнүн, тиштин сезгениши, кургак учук, геппатит, герпес жана башка ооруларды чакыруучу таякчалар жана вирустар бар экендигин аныкташкан. Ал эми Россияда коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алышкан.Ал аркылуу түркүн жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн
Интернеттеги айрым маалыматтарга таяна турган болсок, фильтирленген суусу бар узун желим түтүкчөдөн турган аспаптын зыяндуулугу тамекиден жеңил келет. Кальян чеккен адам тамеки чеккенге караганда бир топ көп түтүн жутат. Мисалы, тамеки чеккенде 5-7 мүнөттүн ичинде 0,5-0,6 литр аба түтүн жутса, кальян чеккен адам 100-200 жолу дем алып 13-14 эсе көп түтүндү өпкөсүнө батырат. Каляндын эки чоң зыяны бар. Анын биринчиси, чегип жаткан кишиге караганда жанында отурган киши түтүндү көбүрөөк жутат. Экинчиден, он киши отурса он жолу жыйырма киши отурса жыйырма кишинин оозуна кирип чыккан түтүктөгү шилекей аркылуу түркүн жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн

Alhamdulillah