Уруксат этсең мен жооп берип көрөйүнчү...
.
Каусар-араб тилиндеги сөз болуш керек, себеби Куръанда аль Каусар деген сүрөө бар.... Бейиштеги булактын аты... Жыргалчылык,
телегейи тегиздик ж.б.у.с мааниде да чечмелене берет....
Көөшөрдүм-сенин чечмелегениң туура, жазылышы билишимче -көөшөрүү....
Камыкпа-кыжалат болуу, камсаноо...
Жадыгөй- сыйкырчы (адашып жатышым да мүмкүн)
Жашуу-ыйлоо.
..
Ырахмат, Талант! Дээрлик баарына туура түшүндүрмө берипсиң. Бир гана "көшөр"
деген сөздү туура эмес " көөшөр" деп жазып алыпмын, кечирим сураймын. Ал эми "камыкпа"
-"кыжалат болбо", "санаага батпа" деген маанини берет.
"Жадыгөй"
-кара сыйкырчы ("черный маг"), бул ырда "алдамчы"
, "сөзүнө турбаган"
, "күн карама" маанисинде.
"Зил", "зилдөө"
-узакка созулган кайгы, зилдеген адам ошол кайгыдан мерт болушу да мүмкүн!
Кыргыз диaлекттери жaнa эски кыргыз сөздөрү, архаизмдер
#321 19 Апрель 2011 - 09:09
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#322 19 Апрель 2011 - 16:05
Тaлaнткa жaнa Бaрс aгaйгa ырaaзычылык билдирем.
'Кaусaргa зaрыгып журомун'ду ,Ырaxaткa зaрыгып журомун' деп котордум кaршы болбосонуздaр.
Ырaxaттaнуу дa енсегенине жетип телегейи тегиз болуу,жaны жaй aлуу емесби?
Aл еми зилдоо кызык екен,кыргызчaсы кaйгы десек дa болот дa ее ,узaккa созулгaн кaпaчылык дa кaйгы дa.

все что ни делается все к лучшему :(
#323 19 Апрель 2011 - 17:22
Ааай десе, зил деген создун маанисин билчу экенмин, илгери эпосторду окуганда учуратып калсумун. Кара андан кийин сразу эле Жюль Вернге отуп кеткендин кесепети да. Негизи, рахмат, кыргыз тилинин эски создорун эстетип тургандарга!
Бөлкө нан барбы?
#324 19 Апрель 2011 - 18:40
Тaлaнткa жaнa Бaрс aгaйгa ырaaзычылык билдирем.
'Кaусaргa зaрыгып журомун'ду ,Ырaxaткa зaрыгып журомун' деп котордум кaршы болбосонуздaр.
Ырaxaттaнуу дa енсегенине жетип телегейи тегиз болуу,жaны жaй aлуу емесби?
Aл еми зилдоо кызык екен,кыргызчaсы кaйгы десек дa болот дa ее ,узaккa созулгaн кaпaчылык дa кaйгы дa.
'Кaусaргa зaрыгып журомун'ду ,Ырaxaткa зaрыгып журомун' деп котордум кaршы болбосонуздaр.
Ырaxaттaнуу дa енсегенине жетип телегейи тегиз болуу,жaны жaй aлуу емесби?
Aл еми зилдоо кызык екен,кыргызчaсы кaйгы десек дa болот дa ее ,узaккa созулгaн кaпaчылык дa кaйгы дa.
"Каусар" ды "ырахат" деп өз чыгармаңда пайдансаң, эч кимдин кыңк дегенге акысы жок. Ал эми тиги ыр казактын акыны Б. Карагыз уулунуку болгондуктан, ал ислам динине берилгендигин билдирип, "каусар" сөзүн пайдаланып жаткандыктан, антип которуп салсак болбой калат го?!! Ал эми "зилдин" ордуна "капачылыкты" колдонсок болот, бирок ырдын ыргагы бузулуп, уйкашпай кала турганын эске алган окшойт котормочу!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#325 19 Апрель 2011 - 21:49
Күкүрт(түш)-ширеңке(түн)
Челек-чака
Ширеңкенин талы-күкүрттүн даны
Оокат-тундукчө бул үй эмеректери айтылат.
Ал эми түштүкчө азык-түлүк.
Суу май-ак май пахта май өсүмдүк майы.

Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#326 20 Апрель 2011 - 02:23
Тaлaнткa жaнa Бaрс aгaйгa ырaaзычылык билдирем.
'Кaусaргa зaрыгып журомун'ду ,Ырaxaткa зaрыгып журомун' деп котордум кaршы болбосонуздaр.
Ырaxaттaнуу дa енсегенине жетип телегейи тегиз болуу,жaны жaй aлуу емесби?
Aл еми зилдоо кызык екен,кыргызчaсы кaйгы десек дa болот дa ее ,узaккa созулгaн кaпaчылык дa кaйгы дa.
'Кaусaргa зaрыгып журомун'ду ,Ырaxaткa зaрыгып журомун' деп котордум кaршы болбосонуздaр.
Ырaxaттaнуу дa енсегенине жетип телегейи тегиз болуу,жaны жaй aлуу емесби?
Aл еми зилдоо кызык екен,кыргызчaсы кaйгы десек дa болот дa ее ,узaккa созулгaн кaпaчылык дa кaйгы дa.
Негизи..." зил" деген сөз кыргызча эле болуш керек. "көкүрөгү зилдеп" деген сөз айкашын көп учуратып жүрөм адабият майданынан.
Анча колдонулбай жүргөн кээ бир сөздөрдү чечмелеп көрөлү:
Борчук-?
Текирең-таскак- ?
Шамшаар-?
Кыян-?
Даңкан-?
Добул-?
Тектир-?
Копшоо-?
Коңултактоо- ?
Кыйбат-?
#327 21 Апрель 2011 - 04:18
Анча колдонулбай жүргөн кээ бир сөздөрдү чечмелеп көрөлү:
Борчук-?
Текирең-таскак- ?
Шамшаар-?
Кыян-?
Даңкан-?
Добул-?
Тектир-?
Копшоо-?
Коңултактоо- ?
Кыйбат-?
Борчук-?
Текирең-таскак- ?
Шамшаар-?
Кыян-?
Даңкан-?
Добул-?
Тектир-?
Копшоо-?
Коңултактоо- ?
Кыйбат-?
Билгендеримди жaзaйын,бaшкa вaриaнттaр болсо дa кошумчaлaйсынaр.
Текирен-тaскaк- aттын шaгылдуу жолдо ойноктоп бaсышы.
Шaмшaaр-бычaктaн чон,кылычтaн кичине курaл.т.a.ийри чон бычaк
Кыян тaaныш,бирок чечмелей aлбaдым,суйлом менен кошо берсен тушундуро aлaм.
Добул-бaрaбaн, чон мондур.
Тектир-тоонун орто тушунaн жaй aлгaн туздук жер.
Копшоо-мaлдaрдын чaйнaнгaныбы? же кооптонуубу?
Кыйбaт-кaдырлуу, еч нерсеге тендештире aлбaгaн нерсе.(Кыйбaт чон ененин aтынын мaaнисин сурaгaнымдa ушул сыяктуу жооп берген еле мурун)))
все что ни делается все к лучшему :(
#328 21 Апрель 2011 - 16:48
Негизи..."
зил" деген сөз кыргызча эле болуш керек. "көкүрөгү зилдеп" деген сөз айкашын көп учуратып жүрөм адабият майданынан.
Анча колдонулбай жүргөн кээ бир сөздөрдү чечмелеп көрөлү:
Борчук-?
Текирең-таскак- ?
Шамшаар-?
Кыян-?
Даңкан-?
Добул-?
Тектир-?
Копшоо-?
Коңултактоо- ?
Кыйбат-?
Анча колдонулбай жүргөн кээ бир сөздөрдү чечмелеп көрөлү:
Борчук-?
Текирең-таскак- ?
Шамшаар-?
Кыян-?
Даңкан-?
Добул-?
Тектир-?
Копшоо-?
Коңултактоо- ?
Кыйбат-?
1.Борчук- ар түркүн таштардын учтары чыгып турган жер.
2.Текирең-таскак- аттын чуркап бараткан көрүнүшү.
3. Шамшаар-канжардын бир түрү. чоң курч канжар.
4.Кыян-сел, катуу сел.
5.Даңкан- аттын туягына кар, таш, топурак аралашып катуу болуп калган масса. Ат чуркаганда туягынан артка ыргыйт.
6.Добул-мөндүр аралаш катуу жаан.
7. Тектир-тоодогу, дөңсөдөгү жайык жер. Конуш кылганга, койлорду жаткырганга ылайыктуу жай. "Тектирген чыккан буудайды, Термелтип шамал ыргайбы? Теңдик бир ушул заманда, Теңтуштар ойноп жыргайлы." Элдик обондуу ырдан...
8. Копшоо- ордунан козгоо, кыймылдатып бошотуп коюу. Мисалы, жерге кагылган казыкты копшоп туруп. анан сууруп алат...
9.Коңултактоо- ээнсирөө, чочулоо,зеригүү сыяктуу сезимдердин бир убакта келиши. Тааныш эмес жерде адам коңултактап турат.
10. Кыйбат- ушак, жалаа.
Минтип отурсаңар мени сөздүк түзүүчү кылып тынасыңар го!!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#329 21 Апрель 2011 - 16:51

Баракелде Барс агай
Бүгүн да өзүмдүн лексиконумду толуктап алдым.
Чоооң рахмат
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#330 21 Апрель 2011 - 17:13
Борчук
- Билбейм. Же борчикпи? 
Текирең-таскак - Жазып кетиптир Элиф
Шамшаар - Жазып кетиптир Элиф
Кыян - "кыян-жаян" болуп кетти деген сүйлөмдөгү контекстте бир нерсе (суяктук) төгүлүп жер-суунун баарын каптап дегендей мааниде келет.
Даңкан - Билбейтт экем.
Добул - Жазып кетиптир Элиф.
Тектир - Жазып кетиптир Элиф.
Копшоо - Жазып кетиптир Элиф.
Коңултактоо - Бекинүүбү?
Кыйбат - Ушак болушу керек. Гыйбат деген арабча сөздүн маанисинен келе турган болсо.

#331 22 Апрель 2011 - 01:41
"Кесир"
деген дагы кыргыздын создору болгон
Айга Кунго жетип турат кулачым.
#332 24 Апрель 2011 - 08:37
Дагы бир шиңгил:
Сүмбө-?
Супа-?
Жамбы-?
Тайтуяк-?
Каламан-?
Капка-?
Күдткү(же күрткү)-?
Сеңир-?
Жабагы-?
Сүмбө-?
Супа-?
Жамбы-?
Тайтуяк-?
Каламан-?
Капка-?
Күдткү(же күрткү)-?
Сеңир-?
Жабагы-?
#333 24 Апрель 2011 - 08:48
Минтип отурсаңар мени сөздүк түзүүчү кылып тынасыңар го!!!
Аваке, сизге ырахмат, мугалим Африкада деле мугалим демекчи, мектептен сырткаркы жерлерде да мугалимдик кесибин аркалап жүргөн сиздей инсандар көп болсун. Эне тилибиз бабалардан муундан-муунга оозеки өтүп келген болсо, азыр эми мынтип заманбап технологиялык каражаттар менен тил казынабызды кийинки муунга калтырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Бул темага беш-алты адам кирип окуп, көңүлүнө түйүп алса-ошонун өзү чоң олжо.
#334 25 Апрель 2011 - 02:49

Tuura aytat,koshulam.
все что ни делается все к лучшему :(
#335 25 Апрель 2011 - 03:00
Дагы бир шиңгил:
Сүмбө-?
Супа-?
Жамбы-?
Тайтуяк-?
Каламан-?
Капка-?
Күдткү(же күрткү)-?
Сеңир-?
Жабагы-?
Сүмбө-?
Супа-?
Жамбы-?
Тайтуяк-?
Каламан-?
Капка-?
Күдткү(же күрткү)-?
Сеңир-?
Жабагы-?
Aзaмaтчик,кaяктaн чукуп тaaп журосун бул создорду))),кызыктуу екен,котормочулaрды чыдaмсыздык менен кутом,a менин билгендерим булaр:
Тaйтуяк-тaйдын туягындaй жaсaлгaн, тaкылдaгaн ун чыгaргaн музыкaлык aспaб.
Куртку-кaр кочкусу тушуп,тургaн жеринде кaтып кaлaт же aгa окшоп шaмaлдaн улaм топтолгон кaлын кaр кaтмaрын aйтaбыз.
все что ни делается все к лучшему :(
#336 25 Апрель 2011 - 03:14
Есиме келген aз колдонулгaн создорду жaзaйын,мумкун бaшкa рaйондордо бaшкaчa aтaшaaр:
Супурa-aтaйын ун елене тургaн,ун учун жaсaлгaн дaстaркон.Мурун териден жaсaлып журсо,aзыр aр кaндaй мaтaлaрдaн жaсaлaт.
Сере- торт жыгaч орнотулуп,aр тaрaбы торолуп,устуну дa туз жыгaчтaр менен жaaп бир жaй жaсaлaт.Ичине торпоктор бaйлaнып,устуно чий жaйылып,aгa куруттaрды кургaтaт.
Чий-туптуз бутaксыз оскон бaдaл туру осумдук.Aнын чыбыктaрынaн чий деп aтaлгaн узун 'килемче' токушaт.Aрaсынaн жaкшы aбa отуп тургaны учун aр кaндaй жер-жемиштерди же курутту кургaтуудa пaйдaлaнылaт.

#337 25 Апрель 2011 - 05:41
Aзaмaтчик,кaяктaн чукуп тaaп журосун бул создорду))),кызыктуу екен,котормочулaрды чыдaмсыздык менен кутом,a менин билгендерим булaр:
Тaйтуяк-тaйдын туягындaй жaсaлгaн, тaкылдaгaн ун чыгaргaн музыкaлык aспaб.
Куртку-кaр кочкусу тушуп,тургaн жеринде кaтып кaлaт же aгa окшоп шaмaлдaн улaм топтолгон кaлын кaр кaтмaрын aйтaбыз.
Тaйтуяк-тaйдын туягындaй жaсaлгaн, тaкылдaгaн ун чыгaргaн музыкaлык aспaб.
Куртку-кaр кочкусу тушуп,тургaн жеринде кaтып кaлaт же aгa окшоп шaмaлдaн улaм топтолгон кaлын кaр кaтмaрын aйтaбыз.
))) Айыл жеринде аксакал кишилердин оозунан уккандарым жана көркөм чыгармалардан окугандарым боюнча эсте калган сөздөр. Маанисин изилдеп чечмелеп көргөн эмесмин, бирок контекстке жараша өзүмчө болгоолоп чечмелеп алгам))
Балким туура эмес чечмелеп жүргөндүрмүн, тилчилер оңдоп коюшаар:
Сүмбө-илгерки мылтыктарга байланыштуу нерсе, мылтыктын эмнеси экенин так билбейм.... ("Сынган кылыч" романында көп жазылган) "сүмбөдөй тулпар" деген сөз айкашы да кездешет.
Супа- таң атып келе жаткан маал.
Жамбы- куюлган алтын. Мемимче алтындын чен өлчөмү. (карат дегендей).
каламан-ушу сөз ката жазылыптыр, калаба деген сөздү жазайын дегемин. Уруш, жаңжал, чатак.
Капка- шаардын чоң дарбазасы, капчыгайдын кире бериш жери.
Сеңир- кырдын жонундагы тегиздик.
Жабагы- сүт эмди тай, т.а. кулун менен тайдын ортосундагы жылкынын жаш курагы.
#338 25 Апрель 2011 - 09:33
Улоо-?
Деңгене-?
Чексе-?
Тобурчак-?
Салбуурун-?
Шыралга-?
Соогат-?
Саадак-?
Деңгене-?
Чексе-?
Тобурчак-?
Салбуурун-?
Шыралга-?
Соогат-?
Саадак-?
#339 25 Апрель 2011 - 13:44
Улоо-?"Аяк улоо" деп да жүрүшөт. Ал ат, эшек, машина ж.б. унаа маанисинде.
Деңгене-? Мал союлуп, аны 6 топко бөлүп алуу. Акчасын бөлүп алган адамдар ээсине теринин үстүндө, же кийинчерээк айлык тийгенде төлөшөт.
Чексе-?Салмак бирдиги.
Тобурчак-? Аттын (жылкынын) тукуму, пародасы.
Салбуурун- ? Мергенчиликте, аңчылыкта колдонулган сөз.
Шыралга-? Мергенчиликтен келе жаткандардан алып калуучу "базарлык" !
Соогат-?Кечирим суроо, жансоогалоо
Саадак-?Жаанын жебеси салынуучу буюм.
Деңгене-? Мал союлуп, аны 6 топко бөлүп алуу. Акчасын бөлүп алган адамдар ээсине теринин үстүндө, же кийинчерээк айлык тийгенде төлөшөт.
Чексе-?Салмак бирдиги.
Тобурчак-? Аттын (жылкынын) тукуму, пародасы.
Салбуурун- ? Мергенчиликте, аңчылыкта колдонулган сөз.
Шыралга-? Мергенчиликтен келе жаткандардан алып калуучу "базарлык" !
Соогат-?Кечирим суроо, жансоогалоо
Саадак-?Жаанын жебеси салынуучу буюм.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#340 25 Апрель 2011 - 13:56
))) Айыл жеринде аксакал кишилердин оозунан уккандарым жана көркөм чыгармалардан окугандарым боюнча эсте калган сөздөр. Маанисин изилдеп чечмелеп көргөн эмесмин, бирок контекстке жараша өзүмчө болгоолоп чечмелеп алгам))
Балким туура эмес чечмелеп жүргөндүрмүн, тилчилер оңдоп коюшаар:
Сүмбө-илгерки мылтыктарга байланыштуу нерсе, мылтыктын эмнеси экенин так билбейм.... ("Сынган кылыч" романында көп жазылган) "сүмбөдөй тулпар" деген сөз айкашы да кездешет. Мылтыктын стволун тазалоочу түз темир.
Супа- таң атып келе жаткан маал. Дагы бир мааниси-жерден бир метрдей көтөрүлүп, чайканалардагы керебет сыяктуу,бирок, гувала, же кыштан(кирпичтен) урулуп ылай менен шыбалган төрт бурчтуу 8-10 адам отуруп, тамактанууга боло турган жай.
Жамбы- куюлган алтын. Мемимче алтындын чен өлчөмү. (карат дегендей).
каламан-ушу сөз ката жазылыптыр, калаба деген сөздү жазайын дегемин. Уруш, жаңжал, чатак.
Капка- шаардын чоң дарбазасы, капчыгайдын кире бериш жери.
Сеңир- кырдын жонундагы тегиздик.
Жабагы- сүт эмди тай, т.а. кулун менен тайдын ортосундагы жылкынын жаш курагы.
Балким туура эмес чечмелеп жүргөндүрмүн, тилчилер оңдоп коюшаар:
Сүмбө-илгерки мылтыктарга байланыштуу нерсе, мылтыктын эмнеси экенин так билбейм.... ("Сынган кылыч" романында көп жазылган) "сүмбөдөй тулпар" деген сөз айкашы да кездешет. Мылтыктын стволун тазалоочу түз темир.
Супа- таң атып келе жаткан маал. Дагы бир мааниси-жерден бир метрдей көтөрүлүп, чайканалардагы керебет сыяктуу,бирок, гувала, же кыштан(кирпичтен) урулуп ылай менен шыбалган төрт бурчтуу 8-10 адам отуруп, тамактанууга боло турган жай.
Жамбы- куюлган алтын. Мемимче алтындын чен өлчөмү. (карат дегендей).
каламан-ушу сөз ката жазылыптыр, калаба деген сөздү жазайын дегемин. Уруш, жаңжал, чатак.
Капка- шаардын чоң дарбазасы, капчыгайдын кире бериш жери.
Сеңир- кырдын жонундагы тегиздик.
Жабагы- сүт эмди тай, т.а. кулун менен тайдын ортосундагы жылкынын жаш курагы.
Тайтуяк- тайдын туягындай формада уютулган таза алтын. Алтындын чен бирдиги.
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

Супер-Инфо
super.kg
видео

Мобилдүү версия