Суперстан: Болочоктогу баламдын аты кандай болсо деп ойлойсуз? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (74 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Болочоктогу баламдын аты кандай болсо деп ойлойсуз? же жон гана мен жактырган аттар...

#1321 Пользователь офлайн   Mydearzh   13 Май 2018 - 11:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 883
  • Катталган: 18 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 23:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жакшы адамдар арасы...

Кечээ эл каттоо болуп, кичинекейлердин атын каттоого алдым. "Элдар" деген ысым жакты)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1322 Пользователь офлайн   Miss.erkewka95   13 Май 2018 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 529
  • Катталган: 16 Январь 18
  • Соңку аракети: 23 Авг 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Тоолордун чокусунда...

Негизи кыргызча эле ысым койулганы оң деген пикирим бар.
Себеби мен, мен эле эмес, көпчүлүгү улутун аты-жөнү аркылуу айырмалайт деп билем.
Ошол себеп жакшынакай эле Кыргызымдын Айсулуу, Айчүрөк, Каныкей, Нурзат, Гүлзат, Нуркыз... ж.б.у.с. Айбек, Нурбек, Каныбек, Касым, Элбек деген сыяктуу ысымдар кездешсе кыргыз экени даана билинет. "Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет" дегендей, олимпиадаларда катышып, эл аралап калса деле аты-жөнү аркылуу Кыргыз экенин билип ичинден кубанасын.

Анан эле Денисова Ясмина Булатовна кыппа кыргыз деп турса, көпчүлүк шек санайтко...

Кыргызсынбы, кыргыздыгын сактай жүр! демекчимин))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1323 Пользователь офлайн   Pandora   13 Май 2018 - 12:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 082
  • Катталган: 14 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 20:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ата-энемдин журогу...

Ойлоп корсом оз балдарымдын аты мындай болсоо деп кыялданган учур бул жаштык кезде болгон экен.СүрөтАзыр ал жонундо ойлонбойм себеби кайын журт турганганда озумдун балам болсо да атын койгонго мага санда,сапатта жок,эн негизгиси мааниси терен жана заманбап да мусулманчылыкта да бар ысым болсо,бирок арабча эмееес мурун кийин кыргыздар колдонгон ысымданСүрөт.Озум бир туугандарымдын балдарын койгонго уста экенмин,тил отот даСүрөтэкоосунун атын мен койгонмун.

Билдирүүнү түзөткөн: Pandora: 13 Май 2018 - 12:31

Мен дуйнону апам менен тааныгам..... ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1324 Пользователь офлайн   __anna__   14 Май 2018 - 12:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 511
  • Катталган: 13 Июнь 17
  • Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Усман, Улан, Урият,Умсунай, Улук ж.б
Ушул ысымдарды жактырам)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1325 Пользователь офлайн   Salaf   18 Май 2018 - 23:32

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 08 Март 18
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:43
  • Жынысы:Эркек

Derf (12 Май 2018 - 23:40) жазган:

Раббика, Раббия деген ысымдын чечмелениши кандай?


Роббика - Сенин Кудайың. Рообия - төрт, дагы бир мааниси <Жаз айы> дегендик болот арабчадан которгондо. Роббика - деп коюуу туура эмеско.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1326 Пользователь офлайн   Salaf   18 Май 2018 - 23:46

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 08 Март 18
  • Соңку аракети: 04 Дек 2023 22:43
  • Жынысы:Эркек

Miss.erkewka95 (13 Май 2018 - 12:23) жазган:

Негизи кыргызча эле ысым койулганы оң деген пикирим бар.
Себеби мен, мен эле эмес, көпчүлүгү улутун аты-жөнү аркылуу айырмалайт деп билззем.
Ошол себеп жакшынакай эле Кыргызымдын Айсулуу, Айчүрөк, Каныкей, Нурзат, Гүлзат, Нуркыз... ж.б.у.с. Айбек, Нурбек, Каныбек, Касым, Элбек деген сыяктуу ысымдар кездешсе кыргыз экени даана билинет. "Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет" дегендей, олимпиадаларда катышып, эл аралап калса деле аты-жөнү аркылуу Кыргыз экенин билип ичинден кубанасын.

Анан эле Денисова Ясмина Булатовна кыппа кыргыз деп турса, көпчүлүк шек санайтко...

Кыргызсынбы, кыргыздыгын сактай жүр! демекчимин))

Учурда, кыргызча ысым деп күйүмүш болгондор, өздөрү деле кыргыздын ысымдарынын ммаанисине акылдары жете бербейт. А сиз кыргызча деп билген жогорудакы кеебирки ысымдардын маанилерин изилдеп көрдүңүз беле?

Мисалы: Нуркыз, Нурзат, Нурбек, деген ысымдардагы <Нур> сөзү кыргызча эмес, Куранда келген арабча ысым, б.а Кудай Тааланын бир ысымы. Кыргызчасы <Жарык> болот. Касым - Касим, же Таксим - бөлүү, айруу, дегендик арабчадан которгондо, б.а ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды айрып билүү, же ажырата билүү, деген мааниге ээ. Касим Расулуллах сав тын бир уулунун да ысмы болгон.

Биз Кыргыз калкы мусулман болгондуктан, ысымдарыбыздыда мусулманчага кыргызчаны айкалыштырып коюп келген ата-тегибиз, же эски муундарыбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1327 Пользователь офлайн   KAPAGAT   19 Май 2018 - 03:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 888
  • Катталган: 25 Август 16
  • Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Периште



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1328 Пользователь офлайн   Isela   19 Май 2018 - 08:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 15 Май 18
  • Соңку аракети: 05 Июн 2018 00:09
  • Жынысы:Аялзаты

Буюрса бала болсо Баян. Ал эми кыз болсо Айкол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1329 Пользователь офлайн   hihikayu   19 Май 2018 - 09:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Ойлонбой калдым, биринчи небере болсо чон Ата,чон энеси койсун деп.
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1330 Пользователь офлайн   Shaa-82   19 Май 2018 - 10:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 925
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 29 Ноя 2024 15:30
  • Жынысы:Аялзаты

ilgizk (27 Январь 2018 - 10:50) жазган:

Менин баламын аты 7 - Нурислам



+++
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1331 Пользователь офлайн   alibekova94   21 Май 2018 - 02:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Элиза болсо :)

Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1332 Пользователь офлайн   Jalganchy   22 Май 2018 - 01:14

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 25 Июнь 17
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 12:27
  • Жынысы:Белгисиз

Ernic (07 Май 2018 - 07:18) жазган:

Кыргызча болобу, арабча болобу, түркчө болобу, европалаш болобу эң башкысы ысымды маанилүү койгула! Анан балалуу болдум деп сүйүнүп, 100 грамм ичип келип алып Эдварт деп койуп койбой.


100 грамм ичип келип алып:96:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1333 Пользователь офлайн   Chagylgan1   23 Май 2018 - 22:23

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 350
  • Катталган: 31 Март 18
  • Соңку аракети: 07 Авг 2019 02:01

Salaf (18 Май 2018 - 23:46) жазган:

Учурда, кыргызча ысым деп күйүмүш болгондор, өздөрү деле кыргыздын ысымдарынын ммаанисине акылдары жете бербейт. А сиз кыргызча деп билген жогорудакы кеебирки ысымдардын маанилерин изилдеп көрдүңүз беле?

Мисалы: Нуркыз, Нурзат, Нурбек, деген ысымдардагы <Нур> сөзү кыргызча эмес, Куранда келген арабча ысым, б.а Кудай Тааланын бир ысымы. Кыргызчасы <Жарык> болот. Касым - Касим, же Таксим - бөлүү, айруу, дегендик арабчадан которгондо, б.а ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды айрып билүү, же ажырата билүү, деген мааниге ээ. Касим Расулуллах сав тын бир уулунун да ысмы болгон.

Биз Кыргыз калкы мусулман болгондуктан, ысымдарыбыздыда мусулманчага кыргызчаны айкалыштырып коюп келген ата-тегибиз, же эски муундарыбыз.


Бир топ ысым арабча менен фарсчадан келип, кыргыз тилинен орун таап калган жуздогон жылдар илгери. Эми алардын тупку мааниси арабча же фарсча болгон кундо да, учурда кыпкыргызча эле кабыл алат эл деген. Анан калса орусча ж.б. создор да кыргыз тилинен орун таап отурат. Мисалы "Мир" деген соз адашпасам орус тилинен эле келген. Ошондо эми Мирбек, Мирлан, Миргул, Мира ж.б.ысым ээлери уялышы, арданышы керекпи оз ысымдарынан? !!

Эми "Нур" созуно келсек, балким арабчадан келгендир, бирок эл нур созун жарык тушунугунон да теренирээк мааниде кабыл алат. Айдын нуру, кундун нуру, анан калса "тигинин жузунон нур тогулуп турат" десен, жарык тогулуп турат деп тушунбойсун да туурабы?!!

Эми ошол "Нур" созунон канчалаган кыргыз ысымдары келип чыгып жатат: Нурбек, Нургазы, Нурлан, Нурсултан, Нуркасым, Нурайым, Нургул, Нурпери, Нурзаада, Нуркан, Нургаакы, Нурислам ж.б.ысымдар. Коруп турганындай, бул ысымдарды арабча деп чыкпастырсын, калп айтып...

Ошондой эле элибизде Алтымыш, Жетимиш, Сексенбай, Жузбай, Минбай, Балтабай, Тешебай, Куйручук, Кудайберген, Тенирберген, Тенирберди, Кудайберди, Жунуш, Жакшылык, Эржигит, Гулжигит, Каныкей, Арууке, Жаныл, Токтосун, Уултай, Умутай ж.б. толтура толтура кыргызча ысымдар бар. Ошондо бул ысымдар маанисиз, арабча ьолсо эле маанилуу болот деп айткынын барбы?!!

Жаман иттин аты Борубасар демекчи, уулуна Мухаммед, кызына Рабия деп ысым берип, эртен уул-кызын эрезеге жетип, уулун ууру, кызын женил ойлуу болчу болсо, атайлап тандаган, мааниси терен ысымдарындан эмне пайда?!! Кайра улуу ысымдарды тебелеп жаманатты кылып жатса...

Анан да элестет, Феликс Куловдун уулунун аты Андрей, небересинин ысмы Эрик болсо, ошондо бир "киргизге" Феликсов Эрик Андреевич деп кайрылып турса, анын кыргыз экенине сен ишенесинби? !!

Эми Мухаммадов Дауд Умарович деп турсачы, бул да жогорудагыдай кулакка жат угулат бекен, кыргыз уулуна арабча ысым-фамилия берилип жатса?!!


Ата-бабабыз коюп келген кыпкыргызча эле ысымдар жакшы, сенин КЫРГЫЗ экенинди данктайт. Улут тили, дили менен улут. Биздин ата-бабаларыбыз эчен-нечен кылымдар бир улут болуп, биримдикте далай азап, согуш-кыргындарды женип бугунку кунго жетип келди КЫРГЫЗ атын очурбой. Эгер биз бир улут болбосок ким кепилдик бермек, тарыхта бугунку кунго жетип кельей жок болгон толтура уруу, элдердин катарын толуктайт белек же жокпу...

Ошол учун башты бийик которуп, кыргызча ысым коюдан уялбайлы, журогундо КЫРГЫЗ каны согуп турган сон...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1334 Пользователь офлайн   umar4ik   31 Май 2018 - 14:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 12 Июнь 12
  • Соңку аракети: 10 Июн 2018 22:07
  • Жынысы:Аялзаты

Кыргызча коюлбаган аттар бир гана арабча аттар эмес да. Мисалы, менин бир таанышымдын кызынын аты Элянора. Кыргызча жапжакшынакай ысымдарды койбогула деп эч ким окум кылган жок. Бир гана мааниси жаман, бала коюлган ысымынан уяла турган аттарды койбогула деген. Акыретте жакшы ат койбогондугу учун ата куноокор болот.
Кыргызча мааниси жакшы ысымдарды алып жургондор жалан жакшы жолдо журушобу? Ар бир эле ата-эне баласына жакшы тилек менен ысым ыйгарат да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1335 Пользователь офлайн   Ainaz05   04 Июль 2018 - 00:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 02 Июль 18
  • Соңку аракети: 26 Июн 2025 01:04

Мен азыр бойдокмун.Мен да жакшы аттарды журокко сактап жатам.Буюрса балалуу болуп ысым ыйгаруу насип этсин!Бирок жогорудагылардан талашпайм деп ойлойм.Жакында агам уулдуу болуп Хамза койду,Эжем кызына Сабина деп ысым ыйгарды.Мага балдардын Алияр,Данияр деген аттары,кыздардын Айжаз,Айданек, Фериха деген аттары жагып жатат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1336 Пользователь офлайн   Ashka.   04 Июль 2018 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 740
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2025 01:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ЖАЛАЛ-АБАД

Мирбек)
Адамды бактылуу кылган 3 нерсе бар;
1-Суйуу.
2-Кызыктуу жумуш.
3-Саякаттоо мумкунчулугу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1337 Пользователь офлайн   n.nurzina   04 Июль 2018 - 10:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 882
  • Катталган: 23 Март 18
  • Соңку аракети: 20 Фев 2022 19:12
  • Жынысы:Аялзаты

Кызымдын аты ЗУБАЙДА деп китептен чыккан.кайн атам ошол атты тандап койгон.Ал эми уулумдун атын МУХАММАД деп куйом койду. Куран китептен же Айчурок Каныкей деген кыргызча аттарды койушса жакшыго дейм.)) Дагы билбейм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1338 Пользователь офлайн   samsungc3   05 Июль 2018 - 22:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Байхан койгум келип атат.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1339 Пользователь офлайн   izdeim_seni   19 Июль 2018 - 17:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 993
  • Катталган: 10 Август 15
  • Соңку аракети: 25 Фев 2022 19:25
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кереметтүү аппак Ала-Тоо!

Жаңы төрөлгөн ымыркайга ысым энчилөө өзгөчө олуттуу нерсе. Учурда көбүнесе Ислам динини таасири жана чет өлкөлүк сериал, кинолордун негизинде наристелерге ысым ыйгарылып калды. Кичинекей балага ат коюуда анын маанисине көбүрөөк көңүл бурган жакшы. Мен колдон келсе уулума да, кызыма да кыпкыргызча ат коём. (Бирок, болочоктогу кайын-журттун сунуншун да карап чыгам) Ысым ыйгаруу маселеси да этникалык өзгөчөлүктөргө, тарыхыбызга өз таасирин тийгизбей койбойт. Ошол себептүү Чыгыштын же Батыштын маданиятынын асытндагы эмес, нукура кыргыз маданиятына, тарыхына байланышкан ысым ыйгарсам дейм...)
Ал мени итсиң деди.
-Итмин- дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып.
Мен анын ит экенин билип туруп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1340 Пользователь офлайн   Muslim1990   20 Июль 2018 - 01:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Мен кыздуу болсом Ясина же Ясмина деп коёбуз деп журчумун.Кудай жалгап кыздуу болдум.Эми эки аттын кайсынын коёбуз деп башым катып журот.Экоо тен мааниси жактан жакшы.Ясина- жумшак,тынчтык, шайыр ж.б маанини берет экен.
Ясмина-Бейиштеги гул же болбосо бейиштеги сулуу кыз деген маанини берет экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (74 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 11 Авг 2025 04:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: