Доор алмашкан сайын, мезгил алмашкан сайын же кайсы бир урунттуу окуяга таасирленип дейбизби,
ысымдар ошого жараша коюлуп келген экен, өзгөчө кыргызда (башка улуттардан көп байкалбайт).
М: А.Осмонов "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасын которгондон кийин Нестан, Тариель, Автандил деген аттар,
анан СССР учурунда Октябрь, Советбек, Советжан, Ильич, Марсель, Эрнист, Света, Ильяз, Дамир, Замир, Руслан ж.б., андан кийин дүйнөлүк тасмалардан ж.б. алынган аттар коюлса (Анжелика,
Марианна, Лиуза, Луара, Элиза) учурда арабча ысымдар (Хатиже, Умар) көп коюлуп жатканы байкалат.
Эми байкап көрсөңөр, ушинтип кете берсек, кыргызча аттар жоголуп кетет го... Кыргызча эле койсок болот да, эмнеге бизге жат, түшүнүксүз,
бир кызыктай аттарды коё беребиз... Кээ бир ысымдарга тил да келбейт, мааниси да түшүнүксүз,
анан ысым кандайдыр бир деңгээлде улутун да көрсөтүп турат да.
Ошондуктан кыргызча ысымдарды койгонубуз жакшы деп эсептейм...
Болочоктогу баламдын аты кандай болсо деп ойлойсуз? же жон гана мен жактырган аттар...
#922 26 Февраль 2016 - 15:29
Мен ,буйруса, 6 балалуу болсом дейм. Жана баарына озгочо аттарды койгум келет)Буйруса,
жолдошум экообуз ортодон чечишип, мага жаккан атты коёбуз
#923 26 Февраль 2016 - 16:04
Учурда кызыбыз бар келечекте уулду болсок Артур,Байтур койом деп журот атасы
#927 29 Февраль 2016 - 00:08
кыздарымдын аты Азема,Асила.
Баламдыкы Амин кийинчерээк уулдуу болсок Амир койсокпу деп журобуз.Эмир,
Умар дегендер да жагат
#928 31 Март 2016 - 11:30
#931 04 Апрель 2016 - 19:03
#933 05 Апрель 2016 - 03:46
Алинур, Асия деген аттар жагып жүрөт
Внешность - это козырь , но не туз…
#934 05 Апрель 2016 - 06:48
Алинур, Асия деген аттар жагып жүрөт
Алинур мааниси бизге туура келбеген ат. Алинур, Нуралы,Акпаралы, Умоталы ушул сыяктуу аттарды койбош керек...
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#936 05 Апрель 2016 - 10:12
Менин балдарымын аттары Амир Элмир буйруса кыздуу болсок Аруужан коелу деп журом.
Сагынуу. ......
#937 05 Апрель 2016 - 15:13
уулдарымды Ариет, Азирет, кыздарымды Делбирим, Аруузат деп койсом дейм келечекте...
)
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
#938 05 Апрель 2016 - 15:32
Балдарымдын аты Нуриел Нурислам Нурселим кудай кааласа кыз торосом деп тилек кылып журом ошондо кызымын атын Самара коем тилегим орундаалып калса
#939 14 Апрель 2016 - 22:04
Уулдуу болсом атын Умар, кыздуу болсо чанда кезиккен арапча ысым (озумдун атыма уйкаш озгочо ысым тандап журом) ыйгарам инш аллах.
#940 14 Апрель 2016 - 22:50
Акыркы кезде коп байкап жатырым кыргыздардын жат аттарга басым жасаганын. 20 жылдан кийин биз курактуу жаштар таанышканда кыргызсынбы деп сурап калышпас бекен...

Супер-Инфо
super.kg
видео

















Мобилдүү версия