Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 125
  • 126
  • 127
  • 128
  • 129
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#2521 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Кызыктар дүйнөсү: Кан агымын башкарган компьютер
СүрөтКан айлануу системасынын өтө кызыктуу жана маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү бар. Кан айлануу системасы жөнөкөй бир түтүк системасы сыяктуу суюктукту өткөрүп эле койбойт. Керек учурларда кайсы органга канчалык кан барышы керек экенин да жөнгө салат.

Бул өтө таң калыштуу жагдай. Бир түтүк системасы ичинде агып жаткан суюктуктун биринчи кезекте кайсы органга барышы керек экенин белгилеп, өзүндө керектүү жөнгө салууларды жасайт. Кээде тарайып, кээде кеңейип кан барышы керек болгон даректи өзгөртө алат.

Мисал катары мээнин кан муктаждыгын алсак болот. Мээ денедеги бүт процесстерди башкаргандыктан, үзгүлтүксүз канга муктаж болгон бир орган. Мээге кандай баага турса да кан жиберилиши керек. Адамдын бир жери канаганда башка бүт органдарга кандын барышы токтосо да, көптөгөн нервдер мээге кан жиберүү үчүн ишке киришип, тамырлардын диаметрлери ошого жараша жөнгө салынат. Кээ бир органдарга барчу тамырлар убактылуу иштеп чыгарылып, кан агымы мээге барчу тамырларга бурулат.

Бир эволюционист Сьюзан Шифельбейн (Susan Schiefelbein) The Incredible Machine аттуу китебинде тамыр системасын алдыңкы бир компьютерге төмөнкүдөй салыштырат:

Жүрөк жана кан тамырлары дененин муктаждыктарын камсыздоо үчүн кандын агымын ылдамдатуу же жайлатуудан башка иштерди да жасашат. Кызыл дарыяны ар кайсы кыртышка, ар кандай басымда жана ар кандай ишти жасоо үчүн жеткирет. Кан тамак жегенде ашказаныбызга, сүзгөндө өпкөлөрүбүз менен булчуңдарыбызга, окуганда мээбизге чогулат. Зат алмашуунун мындай өзгөрүп турчу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тамыр системасы бир компьютердей ийгиликтүү маалымат жыйнап, анан эч бир компьютер жасай албаган иштерди жасайт.27

Компьютер системаларына салыштырылган бул система, албетте, эволюция теориясы айткан сокур кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгон.

Бир-бири менен тыгыз байланыштуу кереметтер

Аллах адамды ушундай бир чеберчилик менен жараткан, адам денесиндеги ар бир система башка система менен байланышта. Бир системанын ишинин бузулушу башка системанын ишине да терс таасир берет. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн бир эле кан айлануу системасынын башка системалар менен болгон байланышын карайлы.

* Тамак сиңирүү системасы сиңирген азыктар дене клеткаларына кан аркылуу жеткирилет. Демек кан айлануу менен тамак сиңирүү системалары бир учурда жаратылган болушу шарт.

* Гормоналдык бездер чыгарган кабарлар тиешелүү органдарга кан аркылуу жеткирилет. Кан айлануу жана гормоналдык системалар бир учурда жаратылган болушу керек.

* Кандагы көмүр кычкыл газы дем алуу системасы тарабынан тазаланат. Кан айлануу жана дем алуу системалары бир учурда жаратылган болушу зарыл.

* Кан бөйрөктөрдө тынымсыз тазаланып турушу керек. Демек кан айлануу жана бөлүп чыгаруу системалары бир учурда жаратылган болушу шарт.

* Скелет булчуңдары жыйрылбаса, кан веналарда алга жыла албайт. Кан айлануу жана булчуң системасы бир учурда жаратылган болушу керек.

* Кан клеткалары жилик чучугунда өндүрүлөт. Демек, кан айлануу жана скелет системалары бир учурда жаратылган болушу зарыл.

Бул мисалдар башка системалардын кан айлануу системасына болгон таасирлери менен байланыштуу мисалдар. Буга окшогон көптөгөн мисалдарды чыгарууга болот. Бирок унутпаш керек болгон өтө маанилүү дагы бир жагдай бар. Кан айлануу системасы башка бүт системалардагы органдарды азыктандырат. Мисалы, тамак сиңирүү системасынын бөлүктөрү болгон тил, шилекей бездери, кызыл өңгөч, ашказан, ичегилер, боор жана башка органдар кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Гормоналдык системадагы гормоналдык бездер кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Бөлүп чыгаруу системасынын мүчөлөрү, мисалы бөйрөктөр кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Дем алуу системасынын мүчөлөрү, мисалы өпкөлөр кан тамырлары аркылуу азыктанат.

-Булчуң системасын түзгөн булчуңдар скелет системасын түзгөн сөөктөр, баары кан аркылуу азыктанышат.

Кан айлануу системасысыз денедеги органдардын эч бири азыктана албайт жана жашай албайт. Бүт мындай байланыштар жана өз ара тыгыз байланыштуу системалар эволюция теориясынын жараксыздыгынын эң негизги далилдеринен. Адам денесиндеги системалар бир-бири менен кемчиликсиз бир шайкештик жана кызматташтык ичинде. Ал системалар бир ишке жарашы үчүн баары бир учурда бар болушу шарт. Бул болсо бизди кайра ошол эле чындыкка алып барат. Адам денеси бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах тарабынан бир учурда жаратылган.

Харун Яхьянын «Адамдагы керемет» китебинен алынды. Сүрөттө: автор.

Которгон: Жунус Ганиев.


Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:29

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2522 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Йога менен пилдер да машыга алат (фото)
СүрөтБерлин зоопаркынын өзгөчө таланттуу пили менен тааныштырабыз.

Бул пилдин аты Луиза. Ал бул 42 жыл мурун жарыкка келген, бирок дагы деле спортту сүйүп, физикалык активдүүлүгү менен айырмаланат.

Ал йоганын чыныгы салттуу кыймыл-аракеттерин аткарып, туристтерди таң калтырган. Ошондон тарта ал «йога-пил» деген атка конгон. Туристтер тартып алган сүрөттөрдү көрүп отуруп, пилдин көлөмүнө карабастан ар бир кыймылды так аткарып атканына таң берүү менен ынанууга болот .

Сүрөт

Берлин зоопаркынын ветеринары бул пил жөнүндө: «муну менен ал көз карандысыз аймакка болгон укугун билдирип жатышы мүмкүн», - деди.

Сүрөт

Йога менен машыгып жаткан элести берген башка жаныбарлардын да сүрөттөрү дүйнөлүк желеде жарыяланган. Бирок Луиза алардан айырмаланып, ар кандай көнүгүүлөрдү көрсөтө алат.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:36

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2523 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Charlie Hebdoдогу теракттын уюштуруучусу Йемендеги авиачабуулда көз жумду, - ЖМК

СүрөтБир катар ЖМКлар «Аль-Каиданын» лидери Нассер бен Али аль-Ансинин көз жумгандыгын айтышууда. Бул тууралуу кечээ, 7-майда ислам сайттарына байкоо салуу америкалык кызматынын сайтында маалымдалды.

Аль-Анси буга чейин анын согуштук тобу Париждеги Charlie Hebdo сатиралык журналынын редакциясына үстүбүздөгү жылдын январь айында болгон чабуулду моюнуна аларын билдирген.

Террористтердин башчысы өткөн апрель айында эле Йемендин түштүгүндөгү Эль-Мукалла шаарына болгон авиачабуулда өлтүрүлгөн, деп маалымдайт Agence France-Presse. Айрым маалыматтарга ылайык, аны менен кошо уулу жана бир нече согушчан көз жумган.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер өз кезегинде «коопсуздук чараларынан» улам Нассер аль-Ансинин өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай албай тургандыгын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 7-январында Парижде жума сайын чыгуучу Charlie Hebdo сатиралык журналынын редакциясына куралчан 3 адам чабуул кылган. Терактта 12 адам каза болуп, анын ичинде басылманын 10 кызматкери набыт болгон. Кийинчерээк кол салгандардын бардыгы жок кылынган.

Терактка журналдын башкы бетине Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын басылып чыгышы себеп болгон. Атууну уюштуруу жоопкерчилигин аль-Анси өзүнө алган. Бул тууралуу ал интернет аркылуу жарыялаган 11 мүнөттүк видеосунда билдирген.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:39

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2524 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ошто куйоосунун зомбулугунан улам 32 жаштагы аял оз омурун кыйды


Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Г. өз өмүрүнө кол салуу максаты менен дары-дармектерди ичип, андан улам каза болду. Бүгүн, 8-майда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аялдын өз өмүрүнө кол салуусуна күйөөсүнүн зордук-зомбулук көрсөткөнү себеп болгон.

Маалым болгондой, буга чейин каза болгон аялдын күйөөсү (32 жашта) мас абалда үйүнө келип, аялын өлтүрөм деп коркутуп, сабап жүргөн.

5-майда болгон бул фактыга шектүү катары каза болгон аялдын күйөөсү камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2525 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Британияда эң жаш депутат болуп Шотландиялык 20 жаштагы студент тандалды
СүрөтШотландия улуттук партиясынан талапкер 1667-жылдан бери британ парламентинин эң жаш мүчөсү болот, деп маалымдайт The Independent.

Партиянын шайлоо кампаниясын жетектеген 20 жаштагы студент кыз Мхайри Блэк лейбористтер тарабынан аттанып, өзүнүн чөлкөмүндө жеңишке жетишкен.

Маалым болгондой, Шотландия улуттук партиясы Шотландиядагы 59 мандаттын 58ин алат.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:45

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2526 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Аскердик парад 9-майда саат 10:00 Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтөт
СүрөтКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгына ылайык, «Ала-Тоо» борбордук аянтта 2015-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси генерал-майор Асанбек Алымкожоев кабыл алган Аскердик парад өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Парад Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын жана Кыргызстандын элинин кошкон баа жеткис салымын салтанаттуу белгилөө үчүн өткөрүлөт.

Парадка Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүмүнө кирген аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери жана офицерлери, аскердик техника жана куралдар, ошондой эле авиация катышат.

Парадка мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары, мамлекеттин Президентинин Аппаратынын, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык миссиялардын жана өкүлчүлүктөрдүн башчылары, чет өлкөлүк элчиликтердин аскердик атташелери, башка расмий адамдар жана аскер кызматкерлери катышышат.

Аземден кийин расмий адамдар жана иш чаранын катышуучулары, ошондой Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери салтка ылайык «Ала-Тоо» борбордук аянтында орнотулган, талаа палаткаларында уюштурулган аскердик ашканага даам сызууга чакырылышат.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган, ардагерлерди урматтоо боюнча башка иш чаралар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарынын эски аянтында дагы өткөрүлөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:49

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2527 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Карасам бул теманы чан басып кетиптир,анан бул жакка силер менен болушоюн деп илип жатам.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2528 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Америкалык фирма селфи сүрөттөр үчүн айымдардын бут кийимин тааныштырды
СүрөтАмерикалык Miz Mooz бренди селфи сүрөттөр үчүн айымдардын бут кийимин тааныштырды. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Бийик такалуу бут кийим Selfie Shoes («Селфи-туфли») аталышын алды, жана эртең, 2-апрелден тарта 199 доллардан фирманын онлайн-дүкөндөрүндө сатыла баштайт.

Бут кийимдин формасы баш жагына телефонду коюп, бутту өйдө көтөрүш керек. Андан кийин бут кийимдин ичиндеги атайын баскычты басканда камера иштейт.

Selfi Shoes'ту тааныштыруу ролигинде, бут кийимдин авторлору селфи үчүн таякчаны жектебей турганын, бирок айрым учурларда алар селфи-туфлилерден айырмаланып, аны колдонуу бир аз кыйынчылыктарды жаратарын айтышты.

Акыркы убактарда ар кандай мекемелерде селфи-таякчаларын колдонууга тыюу салып келишет. 30-мартта аны АКШдагы эки ири музыкалык фестивалда тыюу салганы белгилүү болду.

Мурдараак, мындай тыюу салуулар менен Третьяков галереясы, жана Вашингтондогу ири музейлер комплекси чыгышкан.

Тыюу салгандардын айтымдарында, андай таякчалар башка адамдарга көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда, ал эми музейлерде селфи-таякчаны колдонуу экспонттарды бүлүндүрүүгө алып келиши мүмкүн.

Сүрөт

Сүрөт

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:55

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2529 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 14:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ашказандагы кылдат долбоор
СүрөтАшказанда ар бир этабы бир максатты көздөгөн өтө деталдуу бир долбоор бар. Тамак-аштар ашказандын үстүңкү учундагы «ашказан оозу» же «кардия» деп аталган тар бир жерден өтүп, ашказанга кирет. Ашказанды кызыл өңгөчкө туташтырган ал жердеги булчуңдар бир капкактай жарым сиңирилген тамактардын кызыл өңгөчкө кайра кайтышына бөгөт болот. Андан соң ашказандын купол формасындагы үстүңкү бөлүгүнө өткөн азыктар ал жерде ашказан согу же ашказан суюктугу менен аралашкан соң ашказандын эң кеңири бөлүгүн көздөй жылат. Ал кеңири бөлүк кескин бүгүлүп, ашказандын горизонталдуу бөлүгүн түзөт.

Өйдөдөгү тик бөлүктөн кыскараак болгон ал жерде ашказан кайра тарайып, «ашказан эшиги» же «пилорус» деп аталган бир канал менен он эки эли ичегиге уланат. Ашказандын астыңкы учундагы ал булчуңдуу канал да капкак функциясын аткарып, жарым сиңирилген азыктардын ашказандан чыгып ичке ичегилерге өтүшүн көзөмөлдөйт. Тамак-аштарды ашказан оозунан ашказан эшигин көздөй үч катмар болуп жайгашкан күчтүү ашказан булчуңдарынын ритмикалык толкун кыймылы жылдырат. Булчуң тарткылоосуна окшошкон мындай толкун кыймылы ошол эле учурда тамактарды аралаштырып, эзип майдалап, аягында «кимус» деп аталган жарым суюк бир аралашмага айландырат. Мындай процесстердин зарылчылыгы тамак сиңирүүнүн кийинки этаптарында ачык көрүнөт.

Ашказандагы устараны сиңирип сала тургандай күчтүү кислоталар кантип таасирсиз болуп калат?

Кызыл өңгөчтө жылган тамактар белгилүү убакыттан соң ашказанга жетет. Ашказандагы тамак сиңирүү процесси ооздон башкача. Ал жерде өтө күчтүү кислоталар ишке киришет. Тамактар кызыл өңгөчтөн ашказанга түшөөр замат ашказан бетиндеги клеткалар ашказан кислотасы аттуу бир суюктукту чыгарып башташат. Ал суюктук менен бирге пепсин жана туз кислотасы аттуу химиялык майдалагыч суюктуктар да чыгарылат. Ал кислоталар бир устара мизин (темирин) да сиңире ала турганчалык күчтүү. Белок сыяктуу сиңирүү кыйын болгон заттар үчүн мындай кислоталардын болушу шарт. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Ашказандын өзү да түзүлүшү жагынан белоктон турат. Андай болсо, кантип устара мизин да сиңире алган бир кислота ашказандын өзүнө зыян бербейт?

Бул да адам денесиндеги теңдешсиз долбоор мисалдарынын бири. Ашказандын одур-бодур капталдарынан улам ашказан өзүн-өзү сиңирбейт. Ашказан капталдарындагы терең чуңкурларда ар кандай касиеттеги клеткалар жайгашкан. Өтө так бир тең салмактуулукта ашказандагы бир катар клеткалар кислота чыгарып жатканда, ал клеткалардын жанында жайгашкан башка клеткалар жабышчаак бир суюктук чыгарат. «Былжыр» деп аталган ал суюктук ашказандын бетин жаап, ашказанды кислоталардан бир калкан сыяктуу коргойт жана ферменттердин ашказанга зыян тийгизишине жолтоо болот. Талкалоочу ферменттерден тышкары инфекция пайда кылуучу вирус жана башка микроорганизмдердин да клеткалардын ичине киришине тоскоол болгон былжыр ошол эле учурда ал жерди сыйгалак кылып, тамактардын канал ичиндеги кыймылдарын жеңилдетет.

Бул процесстер кандайча жүрөт, ашказандагы бул коргоо кантип пайда болот? Ашказандагы клеткалар өз башынча бул заттарды өндүрүүнү чечип, кандайдыр бир жол менен коргоочу заттардын формуласын тапкан болушу мүмкүнбү? Клеткалар муну жасай алышы үчүн эмнелер керек болот, бир ойлоп көрөлү:

Эң биринчиден тамак сиңирүү үчүн керектүү затты өндүрүү үчүн бир катар клеткалар тамактарды сиңирүү керек экенин түшүнүшү зарыл. Ошол эле клеткалар тамак сиңирүү үчүн кислота сымал бир зат талап кылынаарын билиши керек. Андан соң клеткалар эң ыңгайлуу кислотанын формуласын таап, ошол формуланын негизинде өндүрүш жасашы шарт. Коргоочу затты өндүрүү үчүн болсо бир катар клеткалар ал кислотанын ашказандын өзүнө зыян тийгизээрин аныктап, анан ал клеткалардын кислота мисалдарын алып лабораторияда изилдеп, кислотанын таасирин токтото турган формуланы иштеп чыккан болушу зарыл. Ал ортодо ал кислотанын бир тамчысы да килемде чоң бир тешик пайда кыла турганчалык күчтүү. Ошондуктан формула иштеп чыгууда кетирилген жаңылыштыктын ашказандын кислоталар тарабынан ээритилиши деген мааниге келээрин да унутпаш керек.

Албетте, ашказандагы бир-бирин тең салмакка салган заттардын келип чыгышы жогоруда айтылгандай жөнөкөй эмес. Заттардын формулаларынын туура келиши да өзүнчө бир укмуш. Бир клетканын химиялык формулаларды чыгарып, ал формулаларды бириктирип, бир затты жасашы мүмкүн эмес. Аң-сезими жок атомдордон турган бир клетканы мындай акыл жана жөндөмгө ээ деп айтуу акылсыздык болот.

Ошентсе да, акылдын чегинен алыстоону да кабыл алып, бир адамдын ашказанында кислота кандайдыр бир жол менен пайда болгон десек дагы, аны тең салмакка сала турган заттын акырындап пайда болушун күтүп отуруу да мүмкүн болбойт. Себеби устара мизин ээрите турганчалык күчтүү кислоталар ашказанды өтө кыска убакыт ичинде талкалайт. Кислоталардын миллиондогон жыл мындай турсун, 2-3 күн, ал тургай, андан да кыска убакытка да ашказанда күтүп турушу мүмкүн эмес.

Булардын баарын эске алсак, апачык бир чындыкты көрөбүз. Кислота менен ашказанды кислотадан коргой турган былжырдын чогуу пайда болушу Аллахтын теңдешсиз жаратуусундагы тартип менен кемчиликсиздиктин сансыз мисалдарынын бирөөсү гана. Аллах адам денесин толук кылып кемчиликсиз бир долбоор менен жараткан.

Тамак сиңирүү менен бирге кислотага айланган суюктук

Ашказандын иштөө системасындагы пландоо мисалы бир эле ушул эмес. Жогоруда да айтылгандай, адам денесинде ушунчалык керемет бир система бар: ар кандай ыктымалдык үчүн керектүү чаралар эң башынан каралган. Мисалы, ашказан бош кезде ичинде тамак сиңирүү кислоталарынын болушу –ашказан былжыр тарабынан ал кислотадан корголсо да- ашказанга белгилүү убакыттан соң зыян тийгизет. Ошондуктан бош кезде ашказандын ичинде сиңирүүчү кислоталар болбойт. Натыйжада ашказандын жабыр тартуу коркунучу да жоюлат. Бош ашказандын ичинде «пепсиноген» аттуу сиңирүү касиети жок бир фермент болот. Ашказанга тамак келээри менен ашказан клеткаларыHCL (туз) кислотасы аттуу бир суюктук чыгарып баштайт. Ал суюктук бош ашказандагы пепсиногендин түзүлүшүн бир заматта өзгөртүп, «пепсин» аттуу өтө күчтүү бир майдалоочу ферментке айландырат. Ал болсо ашказандагы тамактарды заматта майдалайт.30

Ашказан бош кезде толук зыянсыз болгон бир суюктуктун ашказан толоору менен өтө күчтүү бир майдалагычка айланышынын аң-сезими жок кокустуктар менен пайда боло албашын түшүнүү үчүн бир саамга ойлонуу жетиштүү болот. Кокустан бир заттын башка бир затка, болгондо да ар жолкусунда эң туура формуланы таап, айланышы эч мүмкүн эмес. Бул процесс бүт адамдарда ар бир тамактан мурда жүрөт. Бул жагдай кокустук деген ээнбаштыкты чагылдырган бир түшүнүктү толугу менен жокко чыгарат.

Ашказан клеткаларынын качан кайсы затты чыгараарын билген, клеткаларга эң туура иш-аракеттерди жасаткан, кислоталардын чыгарылуу убактысын жөнгө салган бир күчтүн бар экени анык. Адам денесин башкарган бул күч – бүт ааламды, ааламдагы бүт жандыктарды, адамдарды жараткан Аллах. Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок.

Ашказаныңыздагы өзгөчө суспензия системасы

Тамак жеген соң сиз бир тоюу сезимин, балким бир аз салмактанууну гана сезесиз. Андан башка ашказаныңызда эмнелер болуп жатканын эч билбейсиз. Бирок тамак жегенден бир аздан соң ашказаныңызда өтө чоң кыймыл-аракеттер жүрөт. Ашказаныңыз тынымсыз оңго, солго, жогоруга, төмөнгө чайпалып, тамактарды жакшыраак сиңирүүгө аракет кылат. Бирок сиз ашказаныңыздагы өзгөчө суспензия системасы натыйжасында ал кыймылдарды эч сезбейсиз.

Ашказан булчуңдары 3 багытты көздөй тизилишкен. Натыйжада ашказан өйдө төмөн, оңго солго жана кайчылаш кыймыл-аракеттерди эч кыйынчылыксыз жасайт. Бул болсо тамактардын ашказан суюктугуна жакшыраак тийишине шарт түзөт. Бирок мындай кыймыл-аракеттер дайыма бир коркунуч жаратат; сүрүлүү...

Ашказан ичегилердин жанында жайгашкан бир орган. Тынымсыз кыймылдашы ичегилерге сүрүлүшү деген мааниге келет; бул болсо адам ден-соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.

Албетте, ашказанда бул коркунучка да бир чара көрүлгөн. Ашказандын эң тышкы катмары «кирич (брюшина)» аттуу бир кабыкча менен капталган. Ал кабыкча чыгарган жылмакай суюктук ашказан менен ичегилерге «сырттан майлоо» деп атоого боло турган бир иш-аракет аркылуу ал органдарды жылмакай кылып койот жана натыйжада иштеп жатканда бир-бирине сүрүлүп жабыркашынын алдын алат.31

Канды жасоо жана ашказан

Ашказан былжырынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын канды жасоого салым кошушу. Ашказан былжыры кан өндүрбөйт. Бирок кан өндүргөн жилик чучугуна өтө маанилүү көмөк көрсөтөт. Дене үчүн өтө мааниси чоң B-12 витамининин жилик чучугуна жетишине шарт түзөт. B-12 витамининин жилик чучугуна жеткенге чейинки сапарын жана ашказан былжырынын ал сапардагы ролун караганыбызда, микроскопиялык деңгээлдеги улуу бир кереметти көрөбүз.

B-12 витамини адам денесине кирген соң тамак сиңирүү системасын бойлой бир сапарга чыгат. Андан соң ичке ичегиден кан айланууга өтүп, канга аралашат жана жилик чучугу клеткаларына жетет.

B-12 витаминин сиңирүү ичке ичегиде ишке ашат. Бирок ичке ичегидеги кандайдыр бир тамак сиңирүү клеткасы B-12 витаминин кармабайт. Ичке ичегинин кичинекей бир аймагында бир гана B-12 витаминин кармоо милдети жүктөлгөн атайын бир клетка тобу бар.32 Ал клетка тобу бүт өмүрүн –кереметтүү абалда- жалаң B-12 витаминин тутууга арнашкан. Ал клеткалар триллиондогон молекулалардын арасынан B-12 витаминин айырмалап, кармашат.

Мына ушул жердеги кереметти көрүү үчүн ой жүгүртүү керек. B-12 витаминин туткан клеткалар ал витаминдин адам денесиндеги маанисин билишет. Ичке ичегинин белгилүү бир аймагына ушул кызмат үчүн атайын жайгаштырылышкан. Өмүрлөрүн B-12витаминин кармоого арнашкан болсо да, ал витамин алардын ишине жарабайт. Кармаган витаминди кан айланууга койо берип, билбеген бир тарапка жөнөтүшөт.

Ал клеткалардын B-12 витаминин тутуудагы акылы, албетте, бир кокустук натыйжасында пайда боло албайт. Апачык көрүнүп тургандай, бул система пландуу жаратылган. Системаны дагы бир аз тереңирээк карасак, мындан да таң калыштуу кереметтерди көрөбүз.

Ичке ичегидеги клеткалар жалгыз жүргөн B-12 витаминин тааный алышпайт. B-12витаминин ал клеткалар таанып, кармай алышы үчүн атайын бир молекула менен белгиленип коюлушу керек. Бул зарылчылык да, албетте, эске алынып, B-12 витаминин ичегиге жеткенге чейин белгилеп койо турган система да курулган.

B-12 витамини ашказанда турган кезде ашказан клеткалары B-12 витамини үчүн атайын бир молекула чыгарышат. Ал молекула B-12 витамининин алдыдагы сапарында керек болгон бир «паспорту». Ал паспорт B-12 витаминине бекем жабышат жана B-12ичке ичегини көздөй жолун улантат.

Бир аз мурда да айтылгандай, ичке ичегиде бир гана B-12 витаминин табуу милдети жүктөлгөн чек ара кызматкерлери (атайын клетка тобу) B-12 витаминин кан айланууга өткөрөт. Бирок ал кызматкерлер жалгыз жүргөн B-12 витаминин тааный албайт. Мына ошондо B-12 витаминине колундагы паспорту жардам берет. Чек ара кызматкерлери ошол паспорту аркылуу триллиондогон молекуланын арасынан B-12 витаминин таанып, табышат. Андан соң кайра эле ошол паспорт молекуланын жардамы менен B-12витаминин кан айланууга өткөрүшөт. Ошентип B-12 кан аркылуу жилик чучугуна жете алат.

Көрүнүп тургандай, ашказан клеткалары B-12 витамининин денедеги маанисин билишет. Мындан тышкары, ичеги клеткалары B-12 витаминин таануу үчүн кандай белгиге муктаж экенин да билип, ал белги молекуланы атайын чыгарышат. Көзү, колу же бир мээси да болбогон ичеги клеткалары болсо ал белгини таанып, B-12 витаминин кармашат.

Унутпаш керек болгон дагы бир маанилүү жагдай болсо; бүт бул процесстер натыйжасында сиңирилген B-12 витамини ашказан клеткасынын да, ичеги клеткасынын да керегине жарабайт. B-12 витамини өтө алыста, жилик чучугунда колдонулат. Ал витамин аркылуу адам денесинде кан өндүрүлүп, адам өмүрүн улантат.

Бир эле витаминдин сапары жана ал сапардагы майда-бараттар эле адам денесинде курулган системанын кереметтүүлүгүн түшүнүүгө жетиштүү болот.

Албетте, бул процесстер учурундагы курч акыл жана кемчиликсиз иштөө системасы ал клеткалардын өз эрки менен болушу мүмкүн эмес. Негизи клетка деген нерселер – аң-сезими жок атомдордун биригишинен пайда болгон түзүлүштөр. Клетканын ичинде аң-сезим, эрк же бир күч издөөнүн эч кандай мааниси жок. Бул жерде көрүнүп турган апачык чындык; ашказан клеткалары да, кан жасоочу механизмдер да Аллах тарабынан жаратылган жана Анын илхамы менен кызмат кылышат.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 14:59

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2530 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 15:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Таиланддын адам жашабаган аралдарынан кулчулуктун курмандыгы болгон адам сөөктөрү табылды
СүрөтТаиланддын бийлиги Пхангнгдын түштүк провинциясынан адам жашабаган То-Кра жана Ко-Нок эки аралынан адамдар көмүлгөн жерди тапты. Бул тууралуу Thai PBS маалымдайт.

Болжол менен сөөктөр эмгек кулчулугуна айланган Мьянманын качкындарына таандык.

Аралдардын биринен аялдын скелети табылган. Ошондой эле жанындагы дагы 4 мүрзөнү казуу иштери нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу токтотулду. Экинчи аралдан бакка байланып, кыйнап өлтүрүү издери бар адамдын сөөгү табылды.

Жергиликтүү бийлик маалымдагандай, аралдарда Мьянмадан качкандарды кармап, алып келген кулдардын базасы жайгашкан.

Бул тууралуу Таиланддын аймагына мыйзамсыз киргендиги үчүн кармалган 13 жашар өспүрүмдөн маалым болду. Ал рохинджа элинин курамында келгендиги тууралуу айткан. Анын айтымында, кул сатуучулар аларды сабап, 10 адам каза болгон жана алардын сөөгү То-Кра аралында көмүлгөн.

«Былтыркы жылдын сентябрь айында биз 27 кылмышка шектүүнү, октябрда дагы 53 адамды камакка алганбыз. Ноябрда 81 кылмышка шектүү адам кармалган.сурактан соң 23 адам кул сатууга тиешелери болгондугун моюндарына алышкан», - деп билдирет Пхангнга провинциясынын губернатору Праюн Раттанасени (Prayoon Rattanaseni).

Аралдагы издөө иштери адам сатуучулар түштүк провинцияларды мьянмалык мигранттарды Таиландга өткөрүү үчүн колдонушкандыгын көрсөттү. Эми бийлик бул бизнести жоюу үчүн чара көрүүсү керек.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 15:42

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2531 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 15:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ирактын 5 жылдыздуу мейманканасында эми «Ислам мамлекети» тобунун командирлери жашайт
Сүрөт«Ислам мамлекети» террористтик тобу Ирактагы Мосул шаарында жайгашкан модалуу мейманканалардын бири Ninawa International Hotelди оңдоду. Press TV маалымдагандай, анда коңшу провинциялардагы согушчандардын командирлери жашашат.

5 жылдыздуу мейманкана былтыр өлкөнүн бир бөлүгүн террористтер басып алганда жабылган. 11 кабат имаратта 262 номур бар. Ошондой эле, теннис корту, бассейн жана пальмалуу бакчалар бар. Мейманканадан Тигр дарыясы көрүнүп турат.

Имараттын сырткы кооздуктары жана сүрөттөрү барскан менен чабылып, барлар, салтанат өтүүчү залдар талкаланган.

Ошондой эле, террористтер мейманкананын аталышын «Мураскорлор» деп өзгөртүшкөн.

«Ислам мамлекети» - ички жаңжалдардан соң режим бошоңдогондо Сирия жана Ирактын бир бөлүгүн басып алган террористтик топ. ЦРУнун билдирүүсүнө ылайык, Ислам мамлекети тарабында 30 миң согушчан бар.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 15:44

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2532 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 15:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Кабулда жаш аял ташбаранга алынды
СүрөтКабулда Курандын бир нече көчүрмөсүн өрттөп жабергенге шектүү аял ташбаранга алынды. Бул тууралуу Ооганстандын полиция кызматкерлери билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, адам өлтүрүлгөн жерде полиция кызматкрелери болгон.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Би-би-сиге маалымдагандай, полиция кызматкерлери кыжырданган элдин тобун токтотууга баары бир чара көрө алмак эмес.

Ташбаранга алынган аял 30 жаш чамасында болгон.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 15:48

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2533 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 15:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

АКШда түрмөдөн качып кеткен кылмышкер жарым кылымдан кийин кармалды
Сүрөт АКШнын Флорида штатында түрмөдөн качып кетип, 55 жыл бою качып жүргөн кылмышкерди кармашты.

Азыр 79 жашка келген Фрэнк Фрешуотерс 1957-жылы автоунаасы менен бир адамды коюп кетип өлтүрүп алып, шарттуу түрдө кесилип, автоунаа айдоо укугунан ажыратылган.

Андан кийин ал айдоочунун күбөлүгүн алып, кайрадан автоунаа айдап баштаганга өтүп, өзүнүн шарттуу түрдө бошонгон шартын бузган. Ал бул үчүн жалпы режимдеги колонияга кесилип, ал жактан 1959-жылы качып кеткен.

1975-жылы Батыш Вирджиния штатынын бийликтери Фрешуотерсти кармап алышкан, бирок ал кайрадан качып кеткен.

Далай убакыт качып жүрүп ал акыры Флоридага токтоп, ал жерде 20 жыл бою башка ат менен жашап келген.

Аталган штаттын бийликтери анын үстүнөн байкоо салып, ыгын таап туруп, манжаларынын изин алышкан. Ошондон кийин анын ким экенин аныкташкан.

Фрешуотерс андан кийин Мельбурн шаарынын четиндеги айыл жеринде трейлерде жашап жүргөн, полиция аны ушул жактан камакка алды.

Анын өзүнө өзүнүн эски сүрөтүн көрсөтүп, ким экенин тааныйсыңбы сураганда, Фрешуотерс бул баланы көптөн бери көрө элекмин деп жооп бергенин полициянын майору Тод Гудйир айтып берди.

Ошондон кийин Фрэнк Фрешуотерске баары бир ачыкка чыгып, кылмышын мойнуна алууга туура келген.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 15:53

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2534 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 15:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Кытайдын студенттик шаарчаларында «торгойлор» «үкүлөрдү» ойготушууда
Сүрөт

Кытайдын студенттик шаарчаларында уктаганды жакшы көргөн студенттерди «торгой» курсташтары ойготушууда, деп жазат The Wall Street Journal.

Маалым болгондой, мындай учурлар Фучжоу, Цзилинь жана Пекин университеттеринде катталууда.

Газета маалымдагандай, акыркы бир нече жылдан бери кытай университеттеринин кампустарында «ойготуучулар клубу» же «ойготуучу ассоциациялар» иштей баштаган. Мындай клубдардын саны ар кандай: айрым клубдарда 80 ыктыярдуу иштесе, башкаларында 1 миңге жетет.

«Торгойлор» «үкүлөрдү» ойготуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Мисалы ыктыярдуулар курсташтары сабакка кечигип калбашы үчүн телефон чалышат. Ошондой эле, ойготуп коюуну өтүнгөндөр үчүн атайын аккаунт ачылат. Мындан тышкары, студенттер белгилүү бир өлчөмдө сумма киргизишет жана ал каражат алар убагында ойгонушканда гана кайтарылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 15:57

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2535 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Орто Азияда Казакстандан тышкары бардык өлкөлөрдө эне болууга шарттар начар

Сүрөт Save the Children эл аралык гуманитардык уюму жыл сайын чыгуучу «State of the world’s mothers» эне болуу үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады.

Анда Казакстан 58-орунга ээ болуп, былтыркыга салыштырмалуу 5 позицияга өйдө көтөрүлдү.

Орто Азия өлкөлөрүнөн Түркмөнстан — 99, Кыргызстан — 107, Өзбекстан — 118 жана Тажикстан 127-орунду ээледи.

Рейтингдин башкы сабында Норвегия, Финляндия, Ирландия турат. Ал эми, эне болууга эң начар шарттардагы өлкөлөр болуп Нигер (Батыш Африка, Конго Демократиялык Республикасы (Борбордук Африка) жана Борбордук Африка Республикасы эсептелет.

Рейтингде жалпысынан дүйнөнүн 179 өлкөсү көрсөтүлгөн.

Тизмени түзүүдө 5 негизги фактор эске алынган: боюнда бар айымдардын жана төрөт учурунда көз жумуу деңгээли, 5 жашка чейинки балдардын ден-соолугу жана өлүмү, билим деңгээли жана анын жетиштүүлүгү, улуттук дүң кирешенин негизинде экономикалык макамы жана мамлекеттик башкарууга катышкан аялдардын санынан көз каранды болгон саясий макамы.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 08 Май 2015 - 15:58

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2536 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Шанхайда атка минерлердин жакын туугандарына жеке ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды

СүрөтШанхайда жогорку кызматтарда турган атка минерлердин жакын туугандарына шаарда жеке ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды.

Би-би-си маалымдагандай, жакын арада бул чараны бүтүндөй Кытайга колдонуу пландалууда.

Жаңы эрежеге ылайык, шаар департаменттеринин, райондук башкармалыктардын жана соттордун башчылары коммунисттик партиянын алдында өзүнүн жубайлары жана балдарынын иши боюнча отчет берип турууга тийиш. Бул маалыматты жалпыга маалымдоонун кажети жок.

Учурдагы президент Си Цзиньпин бийликке келген соң мамлекеттик жана партиялык аппаратта коррупцияны жоюу боюнча ири кампанияны баштаган.


Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2537 Пользователь офлайн   Topcubai   08 Май 2015 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек


Британиялык жаңы төрөлгөн ханбийке 3 ысымга ээ болду

Сүрөт Кембридж герцог жана герцогинясы экинчи баласынын атын жарыялашты, деп маалымдайт Би-би-си.

Кенсингтон сарайынын билдирүүсүнө ылайык, жаңы төрөлгөн ханбийкеге Шарлотта Элизабет Диана аты ыйгарылды.

Буга чейин ханзаада Уильямдын апасынын атынан Диана аты кошулары айтылып келген. Ал эми букмекерлерде Шарлотта жана Алиса аты өтө популярдуу болгон.

Шарлотта Чарльз атынын айымдарга таандык варианты. Бул ат Георг III жубайынын ысымы болгондуктан XVIII кылымда белгилүү болгон. 1761-жылы Георг жубайына ошол кездеги резиденция Сент-Джеймс сарайына жакын жерден сарай сатып берген. Ал жаңы үй падыша айымдын үйү деп аталып, кийин Букингем сарайы деп аталып калган.

Падыша үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөсүнүн жарыкка келгендигинин урматына Гайд-паркта жана Лондондогу Тауэрде куралдуу салют атылды.

Эске салсак, бийликтин 4-мураскору болгон ханбийке 2-май күнү эртең мененки саат 08:34тө төрөлгөн. Анын урматына Лондондун көрүүгө арзырлык белгилүү жерлери болгон Тауэр көпүрөсүндө, Трафальгар аянтында жана London Eye шакекечесинде ишемби күнү кечинде кызгылт түстөгү жарыктар күйүп турду.

Сүрөт

Герцогиня күйөөсү менен бирге Сент-Мэри ооруканасынан төрөттөн кийин 12 сааттан кийин чыккан. Алар учурда расмий резиденциясы болгон Кенсингтон сарайында. Ал жерде бир нече күн болуп, андан соң Англиянын чыгышындагы Норфолк графствосундагы Анмер-Холл аттуу шаар четиндеги үйүнө кетишет.

Сүрөт


Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2538 Пользователь офлайн   Topcubai   12 Май 2015 - 10:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Парагвайда зордукталган 10 жашар кыздын боюнан алдыруусуна тыюу салышты
СүрөтПарагвайда полиция кызматкерлери 10 жашар өгөй кызын зордуктаганга шектүү адамды кармашты. Кыздын азыр 5 айлык боюнда бар жана ага боюнан алдырууга тыюу салышты, деп маалымдайт Би-Би-Си.

Парагвайдын мыйзамдары боюнча эненин өмүрүнө коркунуч келбей турганда боюнан алдыруу кылмыш болуп эсептелет.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Антонио Баррос маалымдагандай, кыздын ден-соолугу жакшы, ал эми боюнан алдыруу үчүн кеч.

Бирок аялдардын укуктарын коргоо үчүн күрөшкөндөр кыз төрөт үчүн өтө эле жаш экендигин айтышууда. Анын боюна бүткөндүгү апасы кызы шишип жатат деп ойлоп ооруканага алып келгенде билинген.

7 млн жакын эли бар Парагвайда жыл сайын 14 жашка чейинки 600 кыздын боюнда болот.

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 12 Май 2015 - 10:58

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2539 Пользователь офлайн   Topcubai   12 Май 2015 - 11:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Нью-Йорктогу аукциондо коло скульптура рекорддук $141,285 млн сатылды

СүрөтНью-Йорктогу Christie's аукционунда Альберто Джакометтинин «Багыттоочу адам» скульптурасы үчүн кардар рекорддук $141,285 млн төлөдү, деп айтылат аукциондун сайтында.

Бул сумма аукциондо скульптура үчүн төлөнгөн эң ири суммалардын бири.

Колодон жасалган 180 см келген скульптура 1947-жылы швейцар чебери тарабынан жасалган.

Буга чейин Джакометтинин эң баалуу скульптурасы болуп 2010-жылы $104 млн сатылган «Басып бараткан адам I» эсептелчү.

Сүрөт



Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 12 Май 2015 - 11:01

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2540 Пользователь офлайн   Topcubai   12 Май 2015 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

AI: Ливиялык мигранттардын өмүрү ырайымсыз киши ташыгандардын колунда
Сүрөт Аты аталбаган Нигериялык мигранттын «Ливия зомбулукка чыланды» деген цитатасы Amnesty International уюму даярдаган докладдын аталышы болуп калды, деп маалымдайт Би-би-си.

Анда Ливиядагы мигранттардын уурдалышы, кыйноого алынышы, зордукталышы тууралуу үрөй учурган окуялар келтирилген.

Документте жумуш берүүчүлөр мигранттарды системалуу түрдө эксплуатациялаганы, айрымдары мигранттарга кул катары мамиле жазап, киши чыдагыс шартка салып камаганы, уруп-соккону катталган.

Уюмдун айтымында, мыйзамдуу түрдө арызданып же коопсуздугун камсыздай албаган мигранттардын өмүрү, ырайымсыз түрдө зомбулукка жана кол көтөрүүгө барган киши ташыгандардын колунда.

Доклад Европа адамдарды мыйзамсыз түрдө ташыгандарга каршы күч колдонууга уруксаат берүү планын сүрөп жаткан учурга туш келди. Европа биримдиктин тышкы иштер боюнча төрагасы Федерика Могерини бүгүн бул маселени Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинде көтөрүп чыгат.

Бул резолюцияны колдоп чыкчу кеңештин мүчөөлөрүнүн арасында Британия дагы бар. Уюмдун айтымында, коопсуз альтернативдик чечим табылмайынча, бул чара мигранттар менен качкындардын абалын оңдой албайт .

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 12 Май 2015 - 11:18

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 125
  • 126
  • 127
  • 128
  • 129
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 43 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 43, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 07:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: