Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#741 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 01:49

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Астралдык дүйнөгө кантип чыгышат?
Адамдын физикалык денесинен башка дагы көзгө көрүнбөгөн алты дене бар. Алардын бири астралдык дене деп аталат. Астралдык дене ауранын экинчи катмары болуп саналат. Астралдык дүйнө тууралуу түшүнүктү Египеттин, Индиянын, Кытайдын жана Тибеттин элдеринен алсак болот. Мисалы, Тибеттиктерде астралдык касиети бар адамдарды "делогдор" деп аташат. Бул термин "четке чыгып кетип, кайра кайрылгандар" деген маанини түшүндүрөт.
Платон: "Адамдын жердеги жашоосу - бул денеден айрылган жанга окшош нерсе" деп айткан. Ал эми Аристотель: "Жандын физикалык катмардан айрылуу жөндөмдүүлүгү бар жана астралдык дүйнөдө өзүнө окшогон жандар менен жолуга алат" деген жыйынтык чыгарган.
Жекече сыноолор жана астралдык саякаттар жөнүндө айта кетсек, Роберт Монро "Денеден сырткары саякат" деген китебинде өтө кызыктуу мисалдарды баяндаган. Өзүнүн башынан өткөн окуяларын мисалга келтирген. Ал бир жолу денесинде кызыктай толкунданууну байкаган. Диванда жатып, ошол эле учурда өзүнүн бөлмөсүндө учкан учурлары бир нече жолу кайталанган. Бир жолу көчөдө сүйлөшүп турган тааныштарын көрүп, алар менен сүйлөшө кетет. Алар аны мурун көрмөк түгүл, угушкан дагы эместигин билдиришет. Ушундай окуялардан кийин Роберт коркуп, психиатр менен врачтарга көрүнгөн.
Негизи мындай өнөрдүн чыныгы устаттары өзү каалаган убакта физикалык денесинен астралдык планга чыгышкан жана алар өзүнүн каалоосу менен денесине кайтып келе алышкан. Бул астралдык планга чыгуу менен алар өлгөн адамдардын жаны менен байланыша алышкан. Мындан сырткары ар кандай көрүмчүлөр, албарстылар жана дагы көптөгөн астралдык жандыктарды көргөндөрүнө кепил боло алышат. Астралдык дүйнөдө саякаттоо менен алар келечегин көрө билишкен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#742 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 01:52

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Иттин арбагы.
Бул шумдуктуу окуяга жакында эле туш болдум. Мүмкүн ошондо мен бөтөн дүйнөнүн кубулуштарына туш келгендирмин. Бирок ал жагын өзүңүздөр аңдап алыңыздар.
Россияда көп жылдардан бери соода-сатык менен алектенип жүргөн агам Бишкектен үй алып, мени киргизип койгон эле. Чындыгында өтө эски жана ремонт болбогондуктан агам өзүң оңдоп аласың деп койду. Квартирадан квартирага көчө берип кыйналган жаным бул шартка кың дебей макул болдум. Ошентип дем алыш күндөрү бош бөлмөлөрдү актап, сырдаганга кириштим. Бир жолу өзүм жалгыз иштеп жатсам артымдан "кыйк" этип эшик ачылгандай болду. Балдарым же аялым окшойт деп караган да жокмун. Бирок эч ким кирбеди. Эми терезеден кирген шамалга ачылды окшойт деп ойлоп, көңүл деле бурбадым.
Арадан беш-он минута убакыт өтпөй эле денеме муздак суу куюлгандай титиреп кеттим. Өтө коркуп кеткендиктенби же чындап элеби, айтор көзүмө бир караан көрүнүп-көрүнбөй кайра жоголду. Дароо сыртка чуркап чыктым. Ал күнү кайра тигил бөлмөгө киргеним жок. Дубалдын бузулган жерлерин оңдоо үчүн жасалган раствор ошол бойдон калды.
Эртеси күнү келинчегимди ээрчитип, жанагы бөлмөгө кирсек раствордун үстүндө из пайда болуптур. Оболу чычкан же келемиш жөргөлөп өткөн окшойт деп ойлогонмун. Бирок башка шаймандар да ордунан жылып калганын байкадым. Мисалы, табуретканын үстүндөгү мастерок полго кулап түшүптүр. Сыягы, келемиш андай кылбаса керек эле.
Ошондо гана бул үйдүн аурасы таза эмес экендигин түшүнүп, эски буюмдардын баарын күйгүзүш керек деген ойго келдим да, ашкана тараптагы бурчтан иттин терисин таап алдым. Оболу аны чүпүрөк чапырактарга кошуп күйгүзүп салмакчы болдум да, кайра балким жанагы көзүмө көрүнүп, мени коркутуп жаткан ушул иттин арбагы эмеспи деп, терини эч кимге көргөзбөстөн жана айтпастан сыртка алып чыгып, жерге көмүп салдым. Андан соң жанагыдай коркунучтуу кубулуштар кайталанбай, тынч жашап калдык. Балким бир кезде өлтүрүлүп, бирок жерге көмүлбөгөн иттин арбагы чындап эле тынчымды алгандыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#743 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:02

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Jamgyrchy (07 Март 2014 - 14:44) жазган:

Галикарнас мавзолейи.
Дүйнөнүн жети кереметинин бири - Галикарнастагы мавзолей - Мавсол падышанын күмбөзү.
Күмбөз чыгыш тибиндеги тепкич пирамидадан жана Гректик ион периптеринен тургузулган. Жети кереметке кирген грек эстеликтери сыяктуу эле бул мавзолей да архитектуралык курулушу менен эле эмес, скульптуралардын чогулушу менен аты чыккан. Статуялар менен рельефтелген пирамида ошол учурдун (IV к. б.з.ч) атактуу скульпторлору Леохар, Скопас, Бриаксис жана Тимофей тарабынан курулган.
Мавзолей толук бойдон урандыга айланган шаардын так ортосунда 1800 жыл турган. XV кылымда крестүүлөр жортуулу убагында шаар крестүүлөр тарабынан талкаланган. Крестүүлөр Эгей деңизинин жээгине чеп - Ыйык Петр сепилин курушуп, анын дубалдарын мавзолейдин бекем плиталары менен курчашкан.
Мавзолейдин плиталарын, падыша Мавсолдун жана анын аялы Артемисиянын статуясын 1857-жылы англис археологу Ч. Ньютон таап, Англияга алып кеткен (Артемисия Мавсол өлгөндөн кийин мавзолейдин курулушун уланткан).
Эфестик артемида храмы.
Артемида храмы - антикалык дүйнөнүн эң атактуу жана ыйык саналган ибадатканасы - дүйнөнүн жети кереметинин бири.
Бул храмдын таржымалы гректерге чейинки доорго карап кетет. Кудай Артемиданын храмы б.з.ч. VI кылымда архитектор Херсифрон тарабынан курулган.
Эфес шаарын камалоо убагында шаар эли шаардан храмга чейин жип тартышкан. Ал ыйык саналып калган. Храм ыйык деп эсептелип, шаардын байлары анда өздөрүнүн кымбат баалуу буюмдарын, акчаларын, алтындарын сакташкан. Белгилүү грек тарыхчысы Ксенофонт Персияга чабуулга барардан мурда храмга алтынын сактоого калтырып кеткен. Согуштан келгенден кийин ал алтындарынын аман-эсен турганын көрүп, Артемидага ыраазылык ирээтинде храмдын көчүрмөсүн Скиллунт шаарына тургузган.
Б.з.ч. 356-жылы кичи-азиялык гректердин ибадатканасы Артемида храмын Герострат өрттөтүп салган. Кийинки уламыштарга караганда храм Азияны каратып алуучу Александр Македонский төрөлгөн күнү өрттөлгөн. 25 жылдан кийин Александр Македонский 25 жылдан кийин Эфеске келип, храмды көрүп, аны калыбына келтирүүгө буйрук берген. Жаңы тургузулган храмдын сырткы көрүнүшү өзүндөй салынган. Болгону бир топ бийик секиге курулган.
263-жылы готтордун басып алуусунан кийин храм бир топ бүлүнгөн. Андан кийин римдиктер талкалашкан. 200 жылдан кийин катуу жер титирөөдө храм биротоло кыйрап калган.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#744 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:27

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Эмгекти сүйгөн Япондуктардын уктаганга да убактылары аз. Үргүрөп бара жатып, эмне болуп көчөдө жатып уктап кеткендерин өздөрү да сезбей калышат экен.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage876.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#745 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:32

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Дүйнөдөгү эң мыкты 100 университет аныктылды.

Бул тууралуу жогорку билим берүүгө арналган "Times Higher Education" басылмасы дүйнөдөгү жүз мыкты университеттин рейтингин жарыялады. Бул тизмеге алдыңкы 20 дан ашык өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары катышкан. Быйыл дагы адаттагыдай АКШ биринчи, Британия экинчи орунда турат. Ал эми Орусиядан жалгыз Москва мамлекеттик университети (МГУ) кирген. Мындан башка мурдагы советтик өлкөлөрдөн окуу жай жок.
Рейтингдин эң мыктылары Гарвард университети (1), Массачусетс технологиялык институту (2), Калифорниядагы Стэнфорд университети (3) , Кембридж университети (4), Англиянын Оксфорд университети (5) алдыга чыгышты. Британиялык басылма университеттерге бааны окумуштуулар арасындагы кадыр-баркына жараша берген же алардын орду жогорку окуу жайларда 16 жылдан ашык иштеген жана кеминде 50 илимий эмгеги жарыяланган 17 554 окумуштуу-профессорлорду сурамжылоонун негизинде аныктаган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 1394220846_rrr.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#746 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:38

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Сорбонна - Франциянын эң беделдүү университети.

Бир канча кылымдардан бери Франциянын эң кадыр-барктуу, беделдүү университети болуп Сорбонна саналат. Бул мыкты окуу жайда Мария жана Пьер Кюри, Андре Бретон жана Марина Цветаева ж.б. белгилүү адамдар билим алышкан. Университеттин тарыхы 800 жылды чапчыйт, алгач жөн гана колледж катары иш алып барган. Тез убакыттын ичинде университеттин факультетине айланган. Так ушул жерде Париждеги алгачкы типография жана атайын ылайыкташтырылган китепкана ачылган.
XVII кылымда университет Франциялык төңкөрүшкө байланыштуу аз убакытка жабылган. Бир канча кылымдардан кийин Сорбоннанын имаратын жаңылап жана кеңейтип куруп чыгышкан. Азыр болсо көптөгөн аудиторияларды, лабораторияларды камтыган чоң окуу жайы. Жанында эки музей жана эң көп жыйнагы бар китепкана орун алган.
Бүгүн Сорбонна (la Sorbonne) башка Европалык университеттерден окутууну орто кылымдык стандарттарга максималдуу түрдө жакын алып баруусу менен айырмаланат. Студенттер негизги убактысын илимий жана алгачкы булактардан алынган адабияттарды окуу менен өткөрүшүп, калган убактыларын лабораторияда иш алып барышат. Окутууда негизги басым студенттин өз алдынча иш алып баруусуна көңүл бурулат.
Сорбоннада чет өлкөлүк студенттер үчүн да орундар каралган. Бул окуу жайда окуу көпчүлүктүн чөнтөгүнө дал келет, себеби бул жердин студенттери жылына 250-1000 евро төлөшөт. Чет өлкөдөн келген студенттерге стипендиялар жана жеңилдиктер каралган. Бирок бул окуу жайда окуу үчүн бир топ аракет кылыш керек, анткени, каалоочулардын көптүгүнөн француздарга- өзүлөрүнө да орун жетпей калат.



Бул жака кантип тапшырса болот? Алгач, бакалавр боюнча аттестат же орто билим тууралуу аттестат талап кылынат. Тең шарттарда, ким француз тилин жакшы билген болсо ошол адамга артыкчылык берилет. Бул үчүн оозеки аңгемелешүү жүрөт, жана мунун жыйынтыгында кандидаттардын саны кескин түрдө азаят. Андан кийин окуу үчүн билдирме, студенттик визаны жасалгалоо, жана Франция өкмөтүнөн стипендия алууга документтерди өткөрүү гана калат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 19521398_La_Sorbonne.jpg
  • Прикрепленное изображение: 83227410_La_Sorbonne_1.jpg
  • Прикрепленное изображение: 13537838_La_Sorbonne_2.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#747 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:44

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Дүйнөдөгү эң жаш студент.

2012 жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң жаш студент болуп Танишк Абраам саналат. Танишк 2 жылдан бери (2010) American River College дин «Палеонтология жана астрология» факультетинде ийгиликтүү илим алып, бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара жаткан кези. Университетке 7 жашында, жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти "мыкты” деген баага берген соң кабыл алынган.
АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана жашы 16 жеткендигин талап кылбайт. Ошондуктан Танишкке студент болууга эч нерсе жолтоо болгон эмес. Ата-энесинин сөзү боюнча, эки жашка чыкканда эле мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштаган, ал эми бешке толгондо Стэндфорд университетинин (Stanford University) экинчи курсунун студенттери чыгарчу эсепти чыгарып калган. Төрт жашында тесттик тапшырмаларды ийгиликтүү чыгарып "Менса” коммерциялык эмес уюмунун мүчөсү болуп калган. Бул уюмга IQ су абдан жокорку деңгээлде болгон адамдар гана мүчө боло алган.
Вундеркинддин атасы – Бижу Абраамдын сөзү боюнча, баласы жети жашында эле мектептик программаларды билип алгандыктан, ата-энеси ошол замат колледжге берүүнү чечишкен. Ага чейин Грегори Смит аттуу жаш бала 10 жашында университеттин босогосун аттаган. Кийинки ишмердигин ал саясат менен байланыштырып, балдардын коомдук кыймылынын негиздөөчүсү да болгон. Эки жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Кичине балдардын университетке тапшыруусу боюнча тарыхта бир канча окуялар болгон: Андай жаш студенттердин бири Кембридж университетин бүтүргөн 14 жаштагы Уильям Питт. Уильям 1773 жылы тапшырган. Мындан эки кылым өткөндөн кийин ушул эле университетке 15 жаштагы Арран Фернандес тапшырган.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 16674292_world_youngest_student_1.jpg
  • Прикрепленное изображение: 69860626_world_youngest_student_2.jpg
  • Прикрепленное изображение: 90375268_world_youngest_student_3.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#748 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Оригиналдуу окуу жай.

Банкок университетинин жетекчилиги студенттин окууга болгон мамилесин, жана окуу процесстерин өзгөртүүнү карап чыгышкан. Студенттин сабактан качпашы үчүн, "Supermachine Studio” дизайн студиясы окуу имараттарын түстүү креативдик стилде жасалгалап чыгышкан.
Жетекчилик, мындай кооз имараттан эң жалкоо жана качкын студенттер да качпайт, деп үмүттөнүүдө.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: i.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-1-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-2-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-3-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-4-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-5-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-6-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-7-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-8-.jpg
  • Прикрепленное изображение: i-9-.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#749 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 02:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү.

Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул "Скайфолл” деген аталыштагы экспериментти баштан-аяк камерага тартып алышып интернетке жүктөшкөн.
Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн видеокамера жана GPS орнотушкан. Баардыгы даяр болгон соң, буларды гелий толтурулган шарга бекитип космоско учурушкан.
Бутерброд стратосферага чейин көтөрүлүп, болжол менен 30 километр бийиктикке жеткен соң, шар жарылып гамбургер кайра жерге кулаган. Көптү көрүп калган бул бутерброд Бостондун жанындагы токойдо, учурулган жерден 200 км алыстыкта бактын башында табылган. Бактын башындагы "космонавтты” бир канча күндөн кийин гана алышкан.
Студенттер бул гамбургерди биринчи "космонавт- гамбургер” деп аташууда.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: gam.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#750 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 03:01

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Дүйнөдөгү эң "крутой" студенттик жатакана.
Жатакана деген сөздү уксак дароо эле көз алдыбызга 4-5 кабаттуу, терезелери көп, терезенин алдында жайылган кир андан көп, кире бериште ажылдаган эже, биринчи кабатында жалгыз телевизор, эшиктин алдында "тигини чыкырып койчу” деген студенттер тартылат. Бирок кийинки имаратты студенттердин жатаканасы деп айтуу кыйыныраак болот. Анткени бул имарат менен "жатакана” деген сөз анча деле бири-бирине жараша бербейт. 26 800 кв.м түзгөн бул студенттик жатакана Даниянын борбору Копенгагендин Тиетген аттуу студенттик шаарчада 2006-жылы курулган. Тегерек формасында болгон бул имарат жети кабатты түзүп, 360 бөлмөдөн турат. "Тегеректин” ичинде студенттер үчүн кеңири аянтча курулган. Архитектуралык формасын тегерек кылышканынын себеби: Тегерек - теңдикти жана биримдикти билдирет.
Имаратты беш вертикалдуу сызык бөлүп турат. Бул сызыктар имаратты секцияларга бөлүп, ошол эле убакта ички короого киргизе турган өтмө болуп саналат.
Ички короодон бөлмөлөрдү жана ашканаларды көрүүгө болот. Архитекторлор бөлмөлөрдү абада калкып тургандай көрүнүштө жасашкан.
Имараттын бети кызыл латунь менен кооздолгон. Кооздоо үчүн Копенгагендин эң мыкты дизайнерлерин чакырышкан.
Бардык жатаканалардай эле бул жерде да 12 бөлмөгө бир ашкана салынган. Алардын бардык саны 30. Ашканалар болушунча чоң салынып, тамак-аш даярдоо үчүн бардык шарттар каралган. Ар бир кухняда 4 муздаткыч жана 2 меш бар. Даярдалган тамакты студенттер ар кандай түстөгү отургучтары бар столовойдо ичишет.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 09 Март 2014 - 03:27

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#751 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 03:16

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

.











Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 2.jpg
  • Прикрепленное изображение: 3.jpg
  • Прикрепленное изображение: 1.jpg
  • Прикрепленное изображение: 4.jpg
  • Прикрепленное изображение: 5.jpg
  • Прикрепленное изображение: 7.jpg
  • Прикрепленное изображение: 245159775.jpg
  • Прикрепленное изображение: 409770775.jpg
  • Прикрепленное изображение: 714584539.jpg
  • Прикрепленное изображение: 458480076.jpg
  • Прикрепленное изображение: 218129431.jpg
  • Прикрепленное изображение: 196850907.jpg
  • Прикрепленное изображение: 672375941.jpg
  • Прикрепленное изображение: 632932040.jpg
  • Прикрепленное изображение: 4434924.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 09 Март 2014 - 03:39

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#752 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 03:46

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Кызык ачылыш.

Агнляилык увниерситетитн излидөөчлүөрү кыкызтуу алычыш жашасты. Аладырн излдиөөсү бюноча сөзөдгү тагмаладрын оурн ашылы сөгзө көп деле тааиср эптейт. Бакышсы, бининрчи жана акыкры тамлагар орндуда касла бодлу. Ал эми каглан тагмалар каагаландай жайшага бесре боолт жана бул сөрдөздү оуукда токсоодлуктадры жараптайт. Муунн себбеи, көсрө биз ар бир тагманы өзүчнө окбуатсан сөдзү тогулу мнеен окуагнызыбда экен. Мныа кзыык! :D
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#753 Пользователь офлайн   vankuver   09 Март 2014 - 08:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Кыргызстан

Кызык ачылыш дегениниз кандай тилде болуп калган?
Кай жерде болбо, ар дайым, ар качан, туболукко журогумдо жашайсын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#754 Пользователь офлайн   Rolankgb   09 Март 2014 - 09:08

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 124
  • Катталган: 14 Июнь 13
  • Соңку аракети: 23 Апр 2014 13:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек жаны аты Биша

Биринчи окуганда жазбай эле койбоптур деп ойлогом бирок создор ошондой жазылат экенда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#755 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 17:31

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

Хакерлерден скотч менен кутулабыз.

Эстониянын президенти Томас Хендрик Ильвес хакерлер анын компьютерине кирип, жашыруун сырларын билип албаш үчүн, компьютердин үстүндө тагылып турган видеокамераны скотч менен жаап салган. Өзүнүкүн жаап коюп эле тим калбастан, маалыматтарды коргоо конференциясында өзүнүн бул тажрыйбасын катышуучулар менен да бөлүшкөн. “Хакерлердин менин компьютериме киргизбөөнүн, оңой жолун таптым” - деп элдин боорун эзген. Эми бул кишинин жашы бир топту чапчып калгандан кийин, анын үстүнө компьютер менен акыркы жылдары гана колдонуп жаткандыктан мындай боло берет деңизчи. Бирок, анын жанында жүрүп, сөздөрүнө чейин дайындап берип, көп айлык алган кеңешчилери эмнени карап жүрдү десеңиз. Бирок, Ильвестин бул кылганы башка саясатчылардын кылыктарынын жанында гүлү эле болуп калат.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: default.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#756 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 17:58

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage65.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#757 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 18:00

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage6789.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#758 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 18:01

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage678.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#759 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 18:02

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage76766.jpeg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#760 Пользователь офлайн   Jamgyrchy   09 Март 2014 - 18:03

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 187
  • Катталган: 12 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Мар 2014 18:23
  • Жынысы:Аялзаты

:)

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: getImage7876.jpeg

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 09 Март 2014 - 18:05

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 13:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: