Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#768 09 Март 2014 - 22:59
#769 09 Март 2014 - 23:16
#770 09 Март 2014 - 23:22
Анда канаш керек эле да))) купкурук турат))))))
Билдирүүнү түзөткөн: Lucky.Star: 09 Март 2014 - 23:27
Бактылуу болгум келет!
#771 10 Март 2014 - 00:07
#772 10 Март 2014 - 17:06
Малайзия:
8-мартта Пекинди көздөй учкан учак 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголду.
8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн.
Малайзиянын транспорт министри Хисамуддин Хуссейндин маалыматы боюнча, учурда издөө иштерине ар кайсы өлкөлөрдөн 40 кеме жана 34 учак тартылган. Мындан сырткары министр дайынсыз жоголгон учакка эки жүргүнчү уурдалган европалык паспорт менен отурушканы маалым болгонун кабарлады.

#773 10 Март 2014 - 17:09
#774 10 Март 2014 - 17:16
АКШ авиабазасынын кызматкери жаш бийкечти зордуктоого аракет кылган.
Бишкек. АКШнын авиациялык базасынын кызматкери мас абалда жаш бийкечти зордуктоого аракет кылып камакка алынды.
Кечээ, 9-мартта Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын кызматкери Макрэй Бранден Корнелиус мас абалда Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, Америкалык жаран Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде бийкечке тийишип, зордуктоого аракет кылган. Андан соң ал жыныстык кызмат үчүн селкиге акча каражат сунуштаган. Б.Жамыйла макул болбой, такси тутуп, качууга аракет кылганда, Бранден Карнелиус ошол таксиге отура калды. Бийкеч айдоочудан милицияга алып барууга суранды. Такси кызматынын айдоочусу аларды Свердлов РИИБинин №10 ГОМуна алып келип, милиционерлерди чакырды. Ошол учурда Америкалык жаран эки милиция кызматкерлери менен мушташып кетип, погондорун үзүп салды.
АКШнын жараны Брендон Карнелиус суракка алынганда, ал 2014-жылдын 8-мартында “Бруклин” кафеде эс алып, мас болуп калгандыгын айтып берди. Мындан тышкары ал 1985-жылкы экени белгилүү болду.
“Бул факты боюнча “Коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүү менен байланышкан бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Брендон Карнелиус убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Камакка алуу боюнча “Манас” авиациялык базасынын башкармалыгы жана АКШнын элчилиги кабардар болушту. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатат”,- деп кабарлады Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, аталган берене боюнча кылмышкер 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.

#775 11 Март 2014 - 11:55
Япондордун тамактануусунун сырлары:
Япондор эмне үчүн жер жүзүндөгү башка улуттарга караганда узак жашайт? Эмне үчүн алар эмгектенгенди жакшы көрөт? "Япон керемети" деген эмне? Жер үстүндө жашаган элдердин көбүн япон калкынын кумурскадай эмгекчилдиги суктандырат. Эмгекчилдик - япондорго узун өмүр сүрүү, бекем ден соолук алып келет. 60-80 жашка чыгып калган европалыктар өздөрүн тиги дүйнөгө аттанууга камдаса, ушул эле курактагы япондор "жашоо бүтө элек, ал жаңыдан гана башталып жатат", - деп жооп беришет. Ден соолукка көңүл коштук мамиле кылуу жана ашыкча тамактануу сөзсүз ооруну пайда кылат дешет япондор. Япондуктар тамактануу салтына өзгөчө көңүл бурат. Дасторкон үстүндө өтө опкоктонбой өзүңдү канчалык сый кармасаң, жеген тамагың ошончо сиңимдүү болот. Японияда тамактануу процесси - башынан аягына чейин ыйык деп саналат болуп эсептелинет.
Япон чай ичүү үлпөтүнүн маңызы - "жүрөктөрдүн дидарлашуусунда" . Бул үлпөт искусство деңгээлине чейин көтөрүлгөнү бекеринен эмес. Чай ичүү үлпөтү Японияда атайын павильондордо өтөт. Үлпөт үй шартында өтө турган болсо, анда үй-бүлө мүчөлөрү атайын даярдалган бөлмөгө чогулат. Бөлмө жөнөкөй, бирок жогорку табит менен кооздолот. Бөлмөдө сөзсүз түрдө ак кендир жоолук, бамбук дарагынан жасалган чөмүч туруш керек. Бөлмө ичи күңүрт болуу шартталат. Чай ичүү үлпөтүнө беш кишиден кем эмес адам катышат. Көк чай коюу демделип, даамы ачуу болот. Аны шашпай, даамын татып ичүү туура. Чай ичүү үлпөтүндө сүйлөбөш керек. Чай ичилип бүткөндөн кийин, япон коногу үй ээсине, ичкен чайына, жада калса идишине рахмат айтып, узайт.
Япондор: "Адам ыраттары канчалык аз болуп, ал жетишпегендиктик толтура билген адам кандай айкөл" деген лакабын чай ичүү ритуалына келтирип айтат. Рухий дүйнөң тазаланып, көр турмуштун азап-тозогу анча-мынча болсо дагы унуткарылат. Андыктан чай ичүүгө арналган күн, эч качан текке кетпейт деп ишенишет япондор. Япондуктар дайыма тамакты негизги жана кошумча деп бөлүп алат. Негизги тамагы трапезанын көп бөлүгүн түзөт. Ага биринчи кезекте күрүч, гречка, буудай кирет. Ал эми кошумча тамакты - жер-жемиштер түзөт. Япондуктар этти дээрлик эле жешпейт экен. Алардын өмүрүнүн узактыгын ушуга да байланыштырсак болот. Япондор тамактануунун төрт алтын эрежесин бек кармайт.
Биринчи эреже:
Япондуктар тамакты чымчыктарга окшоп чымчып-чымчып аз жейт. Алар чоң табактардын ордуна дисерттик табактарды колдонушат. Мындай жол - ашыкча тамактанууга жол бербейт.
Экинчи эреже:
Япондор тамактардын сапатына өзгөчө көңүл бурат. Алар жыл мезгилинде кандай мөмө-жемиш бышып турса, убагында жеш керек деп айтышат. Мисалы, торго бүгүн түшкөн балык сапаттуу. Консерваланган продуктыларды япондор дасторконго жолотушпайт. Алар мекенинде гана өстүрүлгөн мөмө-жемишти өзгөчө баалайт.
Үчүнчү эреже:
Япон ашканасы европалыктардан аябай эле айырмаланат. Алар үчүн ар бир тамак-аш табиятында кандай болсо, дасторкон үстүндө да дал ошондой болуп келиши абзел.
Төртүнчү эреже:
Япондуктар тамак даярдаганда андагы витаминдер менен пайдалуу элементтердин сакталып калышына өзгөчө көңүл бурат.

#776 11 Март 2014 - 12:01
Үнсүз аймак.
Мексиканын Дуранго, Чиуауа жана Коауила штаттарынын кесилишкен жеринде Эл Пасо деген шаарча жайгашкан. Андан өтө алыс эмес жерде үнсүз акмак бар. Бул ээн талаада эч ким жашабайт. Себеби, мында белгисиз себептер менен сыналгылар, үналгылар тартпайт, уюлдук телефон иштебейт жана компас жебелери туура тарапты алмаштырып, "бийлеп" калат. Үнсүз аймак - адамга эч кызыгуу жаратпаган шор түздүк. Анда жандык дээрлик жок. Чанда гана шамал айдап бараткан камгактарды жана бирин-экин уулуу жыландарды кездештирүүгө болот. Түздүктүн эң кызыктуу өзгөчөлүгү - ал мындан миллион жылдар мурун космостон келип тушкөн метеориттерге бай. Ошол метеориттердин радиоактивдик нурланууларынын айынан үнсүз зонаны мекендеген айбанаттан да канчалык бир деңгээлде мутацияга дуушар болгон. Мисалы, эколог окумуштуулар мында дүйнөдөгү эң чоң ташбаканы табышкан. Анын көздөрү сары эле. Балким, бул күндөн сактануунун бир жолу. Күн нурлары планетанын башка бөлүктөрүнө караганда үнсүз аймакка 30 пайызга көбүрөөк, күчтүүрөөк тийери белгилүү.
Үнсүз аймакта катталган эң популярдуу окуя - жергиликтүү археолог жубайлар Эрнесто менен Жозефина Диастардын башынан өткөн окуя. Алар сырдуу жерден таштарды чогултуу үчүн келишип, күтүлбөгөн жамгырда калышат да, айдап келген машинасы баткакка тыгылып калат. Бир убакта алдыдан эки узун бойлуу жигит көрүнөт. Сары плащчан экөө кол булгалап, жакындап келишкен. Жигиттер жарымынан баткакка сорулуп калган машинаны көз ирмемде түртүп чыгарышкан. Жубайлар машинадан чыгып, рахмат айталы дешсе, баягы жигиттерден дайын жок. Жозефина менен Эрнесто алардын өзгөчө нур чачып турган сулуу жүздөрүн эстеп калышкан.
Мындан сырткары, бул аймакта диаметри 4-6 метрге жеткен тегерек формадагы издер, белгисиз күйүүчү майлардан калган тактар табылган. Муну окумуштуулар башка планетадан келген коноктордун калтырып кеткен "белектери" деп божомолдошот. Бул "белектер" жана алардын сүрөттөрү учурда Мексика менен АКШнын илимий музейлеринде сакталып турат. Аймакка жакын жашаган тургундар дагы бир түшүнүксүз көрүнүш жөнүндө маалымат беришкен. Күн батып бараткан мезгилде тегерек жарык нурлар пайда болот. Алар тартипсиз ар тарапка учуп жүрө беришкендиктен, аларды "жинди оттор" деп атап коюшкан.

Билдирүүнү түзөткөн: Jamgyrchy: 11 Март 2014 - 12:02
#777 11 Март 2014 - 12:28
Бермуд үч бурчтугу.
Жер шарындагы эң атактуу аномалдык аймактардын бири - Бермуд үч бурчтугу. Бул жерди салттуу түрдө планетабыздын эң таңкалыштуу жана эң коркунучтуу бөлүгү деп аташат. Бул жерде көптөгө учактар, кемелер кайып болушканы белгилүү. Бирок, себеби белгисиз. Атлантикадагы Флорида, Куба жана Бермуд аралдарынын ортосунда жайгашкан сырдуу аймакта акыркы 26 жылдын ичинде миңдеген кырсыктар болуп, он миңдеген адам каза тапкан. Таңкалыштуусу, алардан бир да из калган эмес: Адамдардын сөөктөрү, кеме, учактардын сыныктары изсиз жоголгон.
Аталган аймак аркылуу авиа жана деңиз жолдору өтөт. 1945-жылы 4 Америкалык аскер учагы "биз жолубузду жоготуп койдук", "компастар иштен чыкты", "катуу шамал болуп жатат", "туман каптады" сыяктуу билдирүүлөрдү жиберген соң, алар менен болгон байланыш үзүлгөн. Учактардын артынан издөөгө чыккан куткаргыч учактар эч нерсе таппай кайтышкан. Башка окуяда сааттардын токтоп калышы жөнүндө да айтылат. Киши ташуучу авиалайнер сырдуу үч бурчтуктун үстүнөн учуп баратып, чаң сымал ак туманга кабылган.
Болжолдуу 10 мүнөттөн кийин туман тарап кеткен. Бирок, учактагы бардык сааттар муруңку абалы боюнча калган (10 мүнөт муруңку убакытты көргөзүп турган). Бул - Бермуд үч бурчтугунун территориясында убакыт токтоп тураарынын далили. Америкалык "Ньюс" гезитинин беттерине Бермуд үч бурчтугу тууралуу дагы бир акылга сыйбас маалымат жазылган. Бул укмуштуу аймакты изилдөө максатында деңиз астында сүзүүчү кайык 70 метр тереңдикке түшкөн. Бир убакта кайыктын жүргүнчүлөрү жер титирөөнү сезишкен да, бир мүнөттүн ичинде бир нече жылга картайып кетишкен. Ал эми суу үстүнө чыкканда алар Инди океанына келип калгандарын көрүшкөн. Албетте, бул маалымат туура деп табылган эмес. Бирок, аны жалган деп айткандар да жок.

#778 11 Март 2014 - 12:31
Өйдө аккан суу.
Окумуштуулардын башын катырган, ал эми туристтер үчүн кызыктуу зыярат жерге айланган табышмактуу үч жол Израилде жайгашкан. Бул жолдорго суу төксө, суу табият мыйзамы боюнча дөндөн ылдый эмес, өйдө агат экен. Биринчи жол Бейт-Шемеша деген жерде, экинчиси Мегидо деп аталган дөңсөөдө, үчүнчүсү болсо Кедрон аттуу өрөөндө жайгашкан булар үч башка жактан келип, бир чоң кара жолго кошулушат.
Табияттын тамашасыбы, айтор, үч жол тең таң калыштуу сапаттарга ээ. Жолго машинаны токтотуп койсо, ал физикалык мыйзамга карабастан, өйдө карай жылат. Кадимки баскетбол тобу да тоону көздөй тоголонуп, анан күүлөнүп да кетет. Ар бири болжол менен 600 метрге созулган бул жолдорду атайын көрүү үчүн туристтер келишет. Алар жолго суу төгүп, анын өйдө карай агып жатканын көрүп аң-таң болушат.
Окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзгөн соң эч бир жыйынтыкка келе алышкан эмес. Алгач "Бул жөн гана көздүн жаңылыштыгы, чындыгында суу төмөн тарапты көздөй агып жатат" деп айткандар да чыккан. Бирок, мындай көз караш да туура эмес. Бул тууралуу адамдар: "Таңкала турган эч нерсе жок. Израилде бардыгы тетири. Суулар да өйдө агат" - деп тамаша кылышат.

#779 11 Март 2014 - 12:36
Саякатчы таштар.
АКШнын Калифорния штатында атактуу "Өлүм өрөөнү" бар. Ал өрөөндү атактуу кылган көрүнүштөрдүн сыры чечиле элек. Андай көрүнүштөрдүн бири - саякатчы таштар. Өрөөндө илгери Рейстрэк - Плайя аттуу көл болгон. Убакыттын өтүшү менен ал көл кургап, түбү шор, туздуу жайыкка айланган. Жайыкта ар биринин салмагы 30 килограммга чейин жеткен чоң таштар жатат. Тагыраак айтканда, алар жатпайт, түшүнүксүз себептер менен жылып жүрүшөт.
Аркасынан узундугу 30-60 метрге чейин жеткен издерди калтырып, бул таштар бир нече жыл бою бир орундан экинчи орунга көчүп жүрүшөт. Алардын жылып баратканын эч ким көргөн эмес жана таштар кайда, эмне максат менен бара жаткандарын ушул убакытка чейин негиздүү түрдө түшүндүрүп бере алган адам чыга элек.
Көптөгөн окумуштуу, геологдордун көңүлүн бурган таштарга Карен, Марта, Шарп сыяктуу аял аттары коюлган. Бул таштардын эң чоңу Карен 350 килограмм. Ага карабастан Карен да бир нече жыл ичинде 120 метрлик жолду басып өткөн. "Таштардын жылышына жер титирөө, шамал, магниттик талаалар жана белгисиз сырдуу күчтөр себеп болот" деген божомолдор чыккан. Бирок, 350 килограммдык ташты ордунан жылдыруу үчүн аталган себептердин күчү жетпейт.
Мисалы, жер титирөөдөн жылса, анда эмнеге кээ бир таштар жылып, кээси турган одунда кала берет? Ал эми себепкер шамал болсо, анда таштардын бир багытты көздөй эмес, ар тарапты көздөй жылуусу түшүнүксүз. Эмнеси болсо да бул сырдуу саякатчы таштардын тили жок болгону өкүнтөт. Балким, таштар сүйлөгөндү да билишсе, кайда бараткандарын айтып беришмек.

#780 11 Март 2014 - 12:47
Абада калкуу.
1783-жылы ага-ини Жозеф менен Этьен Монгольфье деген француздар аба шары - аэростатты жасашкан. Алар аэростатка жылуу аба толтуруп, ага бекитилген себетке короз менен койду салышкан. Шар асманга көтөрүлүп, анан кайра аман-эсен жерге конгон.
Тирүү жандыктардын абага көтөрүлүүсү коркунучсуз экендигине көздөрү жеткен соң, аба шары менен адамдар да уча башташкан. 1783-жылы ноябрда Пилатр де Розье менен д`Арланд деген француздар биринчи жолу абага учуп чыгышкан. Аэростат абада 25 минута калкып жүргөн. Ошондон тартып абада калкуу доору башталган. Аэростат менен алгачкы учуулар тим эле кызыкчылык үчүн көңүл ачууну көздөгөн болсо, кийин аба шарлары илимий жана аскердик максаттарда колдонула баштаган.
Мисалы, орустун улуу окумуштуусу Д. И. Менделеев аба шарын булуттун үстүнө чыгарып, күндүн тутулушун байкоо үчүн пайдаланган. Аэростат каалаган жакка учпай, шамал айдаган жакка гана учкан. Ошондуктан учуу ишин башкаруу маселеси адамдарды ойлонто баштаган. 1852-жылы француз ойлоп чыгаруучусу А. Жиффар сигарета формасындагы аэростатты - дирижаблди жасаган. Анын чакан буу машинасы менен кыймылга келүүчү калакчалуу винти жана башкаруу рулу болгон. Тилекке каршы мындай дирижаблдер далдайып, ашкере чоң болгондуктан өтө жай учкан.
Ошондуктан, аларды башка учуучу аппараттар - самолёт, вертолёттор сүрүп чыгарышкан. Аэростаттар азыр да илимий максатта пайдаланылат. Автоматтык приборлору жана радиостанциялары менен 30-40 чакырымга көтөрүлүүчү азыркы жаңы шар - зонддордун жана аэростаттардын жардамы менен илимпоздор атмосфераны изилдешет; метеорологиялык ракеталарды учуруу үчүн старт аянтчалары катары жана телескопторду көтөрүү үчүн да пайдаланылат.