Суперстан: Кыргыздардын улуттук оюндары - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздардын улуттук оюндары

#61 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Тушоо кесмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жип, кайчы.

Оюнга даярдануу. Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40—50 м. аралыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары тушалган бөбөктү көздөй жүгүрүшөт. Биринчи келген оюнчу, кайчыны алып тушоону кесет. Тушоо кескен оюнчуга байге берилет.

Оюндун башка түрү. Тушоо чечмей, жип чечмей,

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда жүгүрүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдыкка тарбияланат, тартипти сактоого, салтты үйрөнөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Теке чабыш
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, омуртка сөөктөр колдонулат. уюлга даярдануу. Жетекчиси шайланат, андан кийин диаметри 4—5 метр келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна омуртка сөөк баткыдай кичинекей чуңкур (казан) жана тегерек сызыкка оюнчулардын санына карата, бирдей аралыкта ар бир оюнчу өздөрүнө чуңкур казышып таяктарын бир учун чунурдан чыгарбай кармашып турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны: Жетекчи 10—12 метрлик аралыктан таягы менен омуртка сөөкту жер менен жылдырып келип аны тегеректин ортосундагы «казанга» таягы менен түртүп киргизүүгө аракеттенет. Тегеректе турган оюнчулар таяктары менен омуртка сөөктү урушуп, «казанга» жакын келтирбөөгө аракеттенишет. Эгерде оюн жетекчисине омуртка сөктү «казанга» же оюнчулар коруп турган чуңкурлардын бирине таягы менен түртүп киргизсе, ал көзектеги оюнчу же болбосо чуңкур коруй албаган оюнчу менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу омуртка сөөктү «казанга» таягы менен түртүп киргизген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү. Уйчу. Бул оюнда омуртка сөөктүк ордуна, кертилген жыгач колдонулат.

Оюндун эрежеси. Таяк менен бир бирин урууга, омуртка сөөктү буту менен тээп, кол менен кармоого, өз чуңкурунан алыс кетпей туруп бошоп калган башка бир оюнчунун чуңкурун ээлөөгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Колдонуучу таяктар бирдей, оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз болушу керек.

Педагогикалык мааниси. Күч, шамдагайлыкка тарбиялайт, көңүл коюуга үйрөтөт. Хоккей оюнуна даярдоочу көнүгүүлөрдүн бири катары эсептелинет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ат үстүндө куржун эңмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспап. Куржун.

Оюнга даярдануу. Толтурулган куржунду тегиз жерге койгондон кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Кезектери келгенде, аттарынан түшпөй, эңкейишип жерден куржунду эңип алып кайра мурдагы ордуна коюуга аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Куржунду жерден кыйналбай бат эңип алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү, Бала эңмей, кыз эңмей ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, аттан түшүп куржунду көтөрүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Акырындык менен куржундун оордугун көбөйтсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, атты башкарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Укурук салмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн жайлоодо өткөрүлөт.

Оюнда укуруктар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип, колдоруна укуруктарын алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келишкенде, бирден укурук менен мурда белгилешкен аттарды же тайларды тутууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Укурук менен аттарды бат туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун түрлөрү. Жөө укурук салмай, илмек ыргытмай, жөө илмек ыргытмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине себепсиз жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн ыкмаларын жакшы билишкен оюнчулар катышышса болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ат минүүнүн, чабуунун, башкаруунун ыкмаларын чечкиндүүлүккө үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Улак тартыш
Кыргыздын улуттук оюндары:


Улак тартыш боюнча оюндар топтордук мүнөздө болот. Оюнга жашы 19дан жогорку эркектер катыша алышат. Топтор 2—4 кишиден түзүлөт.

оюн өткөрүлүүчү жер

Улак тартылыш үчүн жумшак тегиз талаа же аянт тандалып алынат, аянттын эки жагынан бийик тиги 50—60 см. келген желектер менен дарбаза белгиленет. Дарбазанын кеңдиги 15 метр. Талаанын ,(аянттын) өлчөмү: кеңдиги 100—150 метр, узундугу— 200—300метр. Талаанын ортосунда диаметри б метр келген мара жайгашкан. Дарбазанын алдында 2 метр кеңдикте, узундугу 15 метр келген аянтча чийилет. Улакты ушул аянтчанын ичине түшүрүү керек же чиймеге илинип жатууга тийиш. Эгерде улак бул аянтчага жетпей же ашып барып түшсө, калыс тешүүнү токтотуп, улакты дарбазадан 25—30 метр, жерге алып барып таштайт. Анан ышкырыгы менен кайрадан беттешүүнүн башталганын билдирет, 20— 25 метр алыстыкта сызык чийилет, же желекче сайылат. Улакчылар беттешүүнүн жүрүшүндө улак менен ушул сызыкты (желекчеден) өтө чаап кетишсе оюн токтотулат да кайрадан ортодон башталат.

ОЮНДУ ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ

Дарбазаларды аныктоо оюн башталардан 1 саат мурда чүчүкулак кармоо аркылуу жүргүзүлөт.

Топтор талаага чыгаардан мурда ага калыс жардамчылар менен ортосуна бастырып барышат да, белги берет (ышкырыгы же желегин көтөрүү менен). Ушул белги боюнча топтор талаага чыгышат да, ар кимиси борбордук айлампадан 7—8 метр аралыкта бир бирине маңдай-тескей болуп тизилишет. Андан кийин бири-бирин куттукташат, ал эми топтордун башчылары болсо өз ара жана калыстар менен кол алышын учурашышат. Ошондон кийин башкы калыстын жардамчылары талаага жөнөшөт, ал эми башкы калыс белгиси боюнча чийимдин ортосуна ар топтон бирден катышуучу келип турушат. Алар жерден улакты илип алар замат кармашууга топтордун калган мүчөлөрү киришет.

Ар бир топтун максаты — улакты «каршылаш» топтун дарбазасына таштоо жана өз дарбазасына улакты таштатпоо болуп саналат.

Кайсы топ каршылаш топтун дарбазасына улакты канчалык көп таштаса, ошол топ жеңди делип эсептелинет. Бир жолку беттешүүгө 15 минут убакыт берилет. Улактын салмагы 30—40 килограммдын чегинде болууга тийиш. Оюнчулардын каалоосу боюнда улактын оордугун, оюн ойнолуучу убакытты өзгөртсө болот.

Улак тартыш боюнча уруксат берилген ыкмалар;

1. Оюн убагында талаанын ичинде каалаган жерден эңип алуу,

2. Аны атаандашынан тартып алуу, улакты топтогу өнөгүнө өткөрүү.

3. Улакты такымга басуу, ээрге коюу.

4. Улакты аттын капталында же алада кармоо.

5. Топтогу өнөктөрүнө улакты каршылаш топтун дарбазасына алга барып таштоого жардам көрсөтүү.

6. Улакты дарбазага таштай албай аша чаап кеткен учурларда (эгерде дарбазанын сыртындагы чийимден өтүп кетпесе) дарбазанын сырты менен аянтка кайрылып, дарбазага улакты кайра таштоого.

7) Оюндун жүрүшүндө ташталган улак дарбазанын аянтчасына түшпөй же чийимге илинбей калса, артынан келе жаткан өнөгү эңип кошумча таштап кетүүсүнө уруксат берилет.

УЛАК ТАРТЫШ БОЮНЧА ОЮНДА ТЫЮУ САЛЫНГАН ЫКМАЛАР

1. Өзүнүн атаандашын атынын тизгинин кармоого, жүгөнүн сыйрууга, үзөнгүсүн чечүүгө же кыйып салууга,

2. Атаандашын колунан жана курунан кармоого,

3. Үзөңгү менен атаандашын бутка тебүүгө.

4. Улакты ээрге байлоого.

5. Өзүнүн атын чаап келе жаткан катышуучунун алдына туурасынан коюуга.

6. Кыйкырууга же сүйлөшүүгө.

) Оюн үчүн бөлүнгөн талаанын четинен тышкары жакка чаап кетүүгө.

8) Улак дарбазага ташталгандан кийин кармашууну улантууга.

Эгерде топтордун бири же анын айрым катышуучулары оюндун эрежелерин одонолук менен бузуп, калыстар тобунан ага жасалган эскертүүлөрдү тоотпосо, анда бул топ бүт бойдон же айрым мүчөлөрү беттешүүдөн четтетилет. Талаадан четтетилген катышуучуларды алмаштырууга болбойт. Топто экиден кем киши калган топ жеңилди деп жарыяланат. Тартипти бузгандык үчүн оюндан четтетилген топ бул беттешүүдө утулду деп эсептелет.

ЖЕҢИШ КИМГЕ БЕРИЛЕТ?

1) Кайсы топ атаандаштарынын дарбазасына улакты көп таштаса ошол топ жеңишке ээ болот.

1. Уткан топко — эки упай, утулган топко — нөл упай, тең чыгууга — бир упай берилет.

2. Оюнда бар болгону эки топ катышып, тең чыгышса, 500 метр аралыкка ат чабуу аркылуу аныкталат, мындан ар бир топтон бирден атчан улакка катышкан аттарга минип чыгышат (атты жана кишисин башчы белгилейт).

3. Мелдеште (оюнда) үч же андан көп топтор катышса орун бардык беттешүүлердөгү улак таштоонун санына жараша аныкталат.

Оюнга көп топтор (8—10) катышкан учурларда калыстар тобу чучукулак кармоо аркылуу аларды 2 (жана андан көп) кошумча топко бөлүштүрөт, мында топтор бир бири менен беттешишет.

Бир күндө ар бир топ эң көп дегенде үч оюнга катыша алат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Элечек чечмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 4—8 киши.

Оюн аянтчада, жолдо, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда элечек колдонулат.

Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү башына элечек оройт. Калгандары андан 2—3 кадам аралыкта туруп оюндун шарты жөнүндө макулдашат.

Оюндун баяны. Элечек кийген оюнчу, калгандардан белгиленген жерден чыкпай кача баштайт. Беркилер артынан кубалап жетишип элечегин чечип кетүүгө тийиш. Элечекти чечкени аны өзүнүн башына орОюндон кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. Элечекти баарынан кеп чечүүгө жетишкен оюнчу жеңүүчү,

болот.

Оюндун эрежеси. Аянтчадан сыртка чыгууга, бир бирин урууга, жыгууга жол берилбейт,

Методикалык көрсөтмө. Оюнга кыз, келиндер катышат. Оюнчулар элечек ороону үйренгөидөн кийин киришсе болот,

Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч шамдагайлык, чыдамкайлыкка тарбияланат, элечек ороону үйрөнөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Сөөк сындырмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 1—3 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда сөөктөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар колдоруна бирдей сөөктөрдү алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сөөктөрдү макулдашышкан ыкма менен сындырууга аракеттенишет. Сөөктү бат сындырган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Жыгач сындырмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, башка буюмдарды колдонууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Сөөктөр бирдей болушу шарт. Сөөктөрдү бир бирине уруп, алакандын асты менен уруп, тизе жана ич менен, манжалардын ортосуна киргизип, бурап сындырса болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күчкө толот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жорго салыш
Кыргыздын улуттук оюндары:


Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген чоң кишилер катыша алышат.

Жашы 3 жаштан жогору бардык тукумдагы жорголор коё берилет.

Оюн өткөрүлүүчү аралык 2000 метрден 10000 метрге чейин болушу мүмкүн.

Оюн өткөрүлүүчү жер

Оюн түз айлампада, түз жолдо, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнду өткөрүүнүн тартиби

Оюнчулардын оюнга чыгуу кезеги чүчүкулак кармоо менен аныкталат.

Топтун башчысы оюнга катышуучулардын фамилиясын, туулган жылын жана кезек номерин көрсөтүп арыз берүүгө тийиш. Ошол эле арызда аттын туулган жылын жана тукумун көрсөтүү керек. Тукуму көрсөтүлбөгөн аттар «дайыны жок» деп жазылат.

Мал врачынын уруксаты болмоюнча атка мелдешке катышууга уруксат берилбейт.

Оюнда атты бир гана катышуучу алмашпастан минүү керек.

Оюнчулардын бардыгы өздөрүнүн топторунун бирдей спорттук кийимин, же оюн өткөргөн уюм тарабынан белгилеген кийимдерди кийүүгө тийиш.

Ар бир оюнчунун чучукулак кармагандан кийин калыстар тобу берген катар номери болууга тийиш. Ал эки колго чыканактан жогору же болбосо тердиктин эки жагына тагылат;

Оюн жүрүшүңдө аралыкты кыскартууга, ошондой эле башка оюнчунун атын камчылоого болбойт, Бул эрежелерди бузган оюнчулар, оюндан четтетилет.

Уруксат берилген жаңылуулардын саны (жоргонун басыгынан таюусу)

Жеңүүчүлөрдү аныктоо

1. Ар бир катышуучу оюнда чаап келгендеги орунуна ылайык упайларга ээ болот: биринчи келген бир упайга, экинчи келген — эки упайга, үчүнчү — үч упайга, ж. у. с.

2. Эгерде жорголор бир нече кезекке бөлүнүп чабылса орундар көрсөтүлгөн убакыт боюнча белгиленет;

3. Топтор арасындагы орун бардык оюнчулардын алган упайларынын санына жараша белгиленет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Тогуз коргоол
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—6 киши,

Оюн аянтчада, бөлмөдө, сахнада, боз үйдө өткөрүлгөн.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Атайын жасалган тактай, 162 сакалар.

Оюнга даярдануу. Ойноо тактасы 18 уядан жана эки казынадан турат, Ар бир оюнчунун өз жагында 9 уя жана бяр казынасы болот. Бир тактада эки киши ойнойт. 9 уянын ар биринин аты жана бирден он сегизге чейин номери болот.

1.

1. жаман уй

2. эки тиш уй

3. тел уй

4. куйрук уй

ат өтпөс

2. текилдек уй

3. далы

4. көк моюн

5. бел уй

Оюнчулар тактайдын эки жагында бир бирине маңдай-тескей отурушат. Ар бир оюнчу 81 таштан алат. Таштар ар бир уяга тогуздан бөлүштүрүлөт. Биринчи жүрүш жасоо үчүн чүчү кулак кармашышат.

Оюндун баяны. Дүрүштү 1 жана 10 уядан башка каалаган уядан баштаса болот.

Биринчи жүрүүчү уялардан бирөөнөн 8 кумалакты алып (тогузунчу уясында калат), аларды солдон онго карай (сааттын жебесине каршы) ар бир келерки уяга бирден кумалак таштайт. Атаандашынын уясына ташталган акыркы кумалак таштардын жуп санын түзчү болсо (алым эсен болсо), жүргөн оюнчу ошол уядан бардык таштарды өзүнүн казынасына алып коёт.

Эгер акыркы таш атаандашынын уясына эмес өзүнүн уясына ташталган болсо, ал уядан таштар казынага алынбайт алар жуп сандагы таштар, төрттөн башталат, эки таш казынага алынбайт.

Так сандагы таштар атаандашынын уясынан, эгер бул уяда эки таш болуп, уяларга салынып жаткан таштардын акыркысы үчүнчүсүн түзсө гана бир жолу өзүнүн казынасына алынат. Бул учурда казынага үч ташы алынган уя ошол таштарды өз казынасына алган оюнчунун тузу болуп калат. Андан ары мына ушул уяга түшкөн таштар ал уяны өзүнүн тузу деп жарыялаган оюнчунун казынасына салынат. Эгер оюнчулардын биринин бардык уяларында бир да таш калбаса, башкача айтканда, бардык уялары бошосо, оюн аякталды делип эсептелинет, Бул учурда экинчи оюнчу өзүнүн уяларындагы бардык таштарды өзүнүн казынасына алып коёт. Андан кийин оюнчулар казынасындагы таштарды санап чыгышат, кимдин ташы кеп болсо, ошол оюнчу жеңип чыкты деп эсептелииет. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Бардык беттешүүлөрдөн көп упай алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот,

Оюндун эрежеси. № 1 жана 10 уяларды «туз» деп жарыялоого, уялардагы таштарды саноого, уядан таштарды алып кайра ордуна коюуга, чурулдоого, айтууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, таштарды катып коюуга болбойт.

Мегодикалык көрсөтмө, Оюнда каалаган жүрүштүн алдында оюнчу бир биринен сакалардын саны жөнүндө суроо берип кайра жооп алышса болот. Оюнду топтордун арасында дагы өткөрсө болот.

Педагогикалык мааниси. Оюн акылдуулукка, ойлонууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жамбы атмай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн түз жерде, талаада өткөрүлөт.

Оюнда мылтык, жаа, бул колдонулат.

Оюнга даярдануу. Окчулар узундугу 150—160 метр, туурасы 5—6 метр болгон жол белгиленет, Жолдун сол жагына 25—30 метрдей аралыкка көлөмү 25—30 см бутаны жерден 3—4 метрдик бийиктикке илгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Буйрук боюнча, оюнчулар бирден аттарын чабып баратып жаа менен илинген бутага атып тийгизүүгө тийиш. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бутага көп жолу жаа атып тийгизген оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү: жөө жүрүп жамбы атмай, кой көз жамбы атмай, кой туяк жамбы атмай, тай туяк жамбы атмай, уй көз жамбы атмай, чоң кулак жамбы атмай, чочмор жамбы, шаңшур жамбы атмай ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, бутага жакын турууга, тизишден алып, бутадан башка жакка атууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн, жаа атууга ыкмаларын жакшы билген оюнчулар катышышса болот. Оюн өткөрүлүүчү жер, эл жашаган жана турган жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда ат минүүнүн, чабуунун, жаа атуунун ыкмаларын үйрөтөт, чечкиндүүлүккө, шамдагайлыкка, тең салмакты сактоого, мергендикке, тартипти сактоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Баш кийимди уруп түшүрмөй
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда калпак, тебетей, топулар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар эшек жыгачтын жанында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Кезектери менен ар бир топтон .бирден оюнчулар эшек жыгачты минишип, бири бирин карашып турушкандан кийин, бир биринин баш кийимдерин урушуп түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу баш кийимдерди урушуп түшүрүшкөн оюнчулардын (гобу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү, Атка минип баратышканда да эшекчен баратышканда да бирдей аралыкта турушуп бир бирин кийимдерин урушуп түшүрүшмөй.

Оюндун эрежеси. Бир бирин башка урганы, түртүп жыгышканы, баш кийимдерди кол менен кармашы жарабайт да, чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык, күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Тыйын эңмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—20 киши.

Оюн талаада, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнда тыйын колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар аралыгы 1000 метрдей келген түз, тегиз жол, оюндун ^ашталуучу, аякталуучу жана тыйын койчу жер белгиленгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар белгилешкен жерде, бирден кезектери келгенде аттарын текиреңдетишип басаңдатпай, токтоосуз жаткан тыйынды эңишип алууга аракеттенишет. Ошентип, оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу тыйынды эңип алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Жөө тыйын эңмей, эшек чаап баратып тыйын эңмей, качыр чаап баратып тыйын эңмей.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Бир капталына эңкейүү менен атын текиреңдетип чаптырып бара жаткан оюнчу белгилүү аралыкта тегиз жердеги тыйынды эңип алууга тийиш.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чаап бараткан аттын тездигин акырындатууга, аттан түшүп тыйынды алууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ордо
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 12—20 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча,

Оюнда колдонуучу аспаптар: чүкөлөр, алардын саны катышуучуларга жараша болот, ар бир оюнчуга 5 чүкөдөн салынат.

Кан — диаметри 6 мм, калыңдыгы 2 мм. келген мүйүздөн же сөөктөн да, тегерек формада болот. (Канды бир тыйдык чака тыйындан жасоого болот). Ордо атыш үчүн оюнчулар томпой же абалактты колдонушат.

Абалак мүйүздөн жасалып, узундугу 3 см., кеңдиги 3 см.. жана калыңдыгы 2,5 см. келген тик бурчтуу формада болот.

Оюн үчүн «калыс» — чен узундугу 40 см. келген жыгач чыбыктан жасалат, анын жоондугу ар кандай болушу мүмкүн,

Оюнга даярдануу. Ордо оюну үчүн диаметри 14 метр келген тегерек аянтча чийилет. Чийим 5 мм. ашпаган кеңдикте акиташ менен сызылат. Бул сызыктан тышкары бир метр кеңдикте экинчи айлантма сызык чийилет.

Чийимдин дал ортосунда кеңдиги 2 см. жана тереңдиги 1 см. ашпаган чуңкур казылат да, анда «кан» жайгашат. «Канга» кошуп үч чүкө салынат да, алар «кан» менен бирге 5 чүкө келип эсептелинет. Анын айланасына бардык оюнчулардын санына ылайык ар бирине 5тен чүкө тизилет (кан менен үч ашык бир оюнчуга).

Ордону эки жаат болуп ойношот. Ар бир жаатта б—10 киши болот.

Ордо боюнча мелдешке кеминде 18 жаштагы оюнчулар катыша алышат.

Ордо боюнча калыстар тобу шайланат. Башкы калыс, аянтчадагы калыс, секретарь учётчик, катышуучулардын алдындагы калыс жана врач.

Оюндун тартиби. Эки жааттын ортосундагы беттешүү мурдатан жүргүзүлгөн чүчү кулак кармоонун негизинде өткөрүлөт.

Оюн башкалардын алдында эки жаат чийимдин сыртында маңдай тескей тизилишет.

Башкы калыстан чакыруусу боюнча эки жааттын башчылары аянтчадагы тегеректин ортосундагы калыска барышып, бири - бири менен кол алышып учурашат.

Бир бирин куттуктагандан кийин башкы калыс, оюндун кезегин аныктоо үчүн сологой чүкөнү калчайт.

Оюндун мүнөзү жана узактыгы. Ордо боюнча оюн эки топко (жаатка) бөлүп өткөрүлөт да, айланма. системасы же оюндан чыга калуу системасы боюнча жүргүзүлөт.

Оюн эки топтун биринде ар бир оюнчуга кемин» де бирден чүкө жетпей калганга чейин жүргүзүлөт, Эгерде команда «топ» бардык ашыктардан ажырап, бирок «каны» болсо, анда ага оюнду улантууга укук берилет, мындай учурда чүкөсү жок топтун щ бир оюнчусуна «кан» берилет.

Эгерде топтордун бири ат калчоо (өкчөшүп) боюнча топ бузуп, бардык чүкөлөрдү жана «канды» чыгарып кетсе, анда ордо экинчи топко салынып берилет да ал топ бузду укугуна ээ болот. Эгер бул топ да өз кезегинде бардык чүкөлөрдү чыгарып кетсе, анда оюн кайрадан ат калчоо боюнча башталат. Эгерде бардык оюн атылып бүткөндөн кийин ордодо чүкөлөр калса, салдырып алган топ жеңилген болуп эсептелет. Оюндун узактыгы эки сааттан ашпайт. Эгер бул убак аяктагандан кийин эки топтун бири да жеңишке жетишпесе, анда оюн токтотулат да, жеңищ топтордун уткан чүкөлөрүнүн санына жараша аныкталат. Чүкөлөрдүн саны бирдей болуп калган учурда оюндун натыйжасы тең болду келип эсептелет. Эгерде ордодогу чүкөлөр алынып бүткөндөн кийин «кан» чертилип жаткан учурда белгилеген убакыт бүтүп калса, оюн «канды эки топтун бири чертип алганга чейин узартылат.

Жеңишкен топтордун оюнчуларына — 2 упай (өчкө) берилет, тең чыгышса — I упайдан берилет, жеңилгендерге — утуш упайы берилбейт.

Топтордун орундары бардык оюндарда утуп алынган упайлардын саны боюнча аныкталат.

Эки жана андан кеп топтордун упайлары толуп калган учурда орундар бардык оюндарда утуп алынган чүкөлөрдүн саны боюнча аныкталат. Чүкө атуунун түрлөрү жана эрежелери.

1. Ура атмай ура атуу деген оюнчу ордонун борборунда жатка тол чүкөлөрдү же ириңдегендери чийимден туруп атуу болуп эсептелет. Оюнчу ураатуу мезгилинде арткы такасы (сОюнчогу) менен чийимди басып, бутунун башын борборго түздөп, экинчи бутун чийимдин сыртына, өзүнө ыңгайлуу абалга коюп, мээлеген чүкөсүн атат. Оюнчу ура атуу

менен чийимден чүкөнү чыгарганда ага кийинки ата турган оюнчунун каалаган жеринен жана кың кайлата атууга укук берилет

2. Кыңкай атуу — чийимден алысыраак чүкөнү борборго түздөтпөстөн чийимден туруп кыйгачынан атуу болуп эсептелет. Бул учурда оюнчу чийимди баскан бутунун башын борборго түздөп, экинчи бутун арт жагына өзүнчө ынгайлуу абалга коюп чүкөнү чийимден кыйгач чыккандай кылып атат. Оюнчу чүкө чыгаргандан кийин гана кыакай атууга болот.

3. Кадамак чийимге 2 метрге чейинки аралыкта жаткан чүкө кадамак деп аталат, Кадамак кадоодо (атууда) оюнчу төмөндөгү эрежелерди сактоого тийиш.

а) оюнчу кадамакчы бутун башын борборго түздөп, экинчи бутун өзүнө ыңгайлуу абалда чийимдин сыртына сунуп жиберет.

б)кадалуучу чүкө чийимден 3040 см. аралыкта жатса кадамакчы бутунун сОюнчогун арткы чийимге коёт.

в) чүкө чийимден 3040 см. жетпеген аралыкта болсо бутунун сОюнчогун кадоого коёт.

г) эгерде чүкө чийимдин үстүндө же чийимден 5 10 см. алыс эмес аралыкта жатса, кадамакчы бутунун сОюнчогу менен чийимди басып, буту чүкөдөн 10 см, алыс аралыкка (томпой айлангандай кылып) коёт.

Кадамак кадап жатканда чийимди баспаган арткы бутунун тизесин жерге тийгизүүгө болбойт.

4. Тоорумак: чийимге 30—40 см. аралыктагы чүкөлөрдү торуп чертүү тоорумак деп аталат.

Тоорумакты чийимди сОюнчогу менен басып, бутунун башын борборго түздөп тооруйт. Эгерде чүкө кол жетержетпее жерде болсо, бутунун такасын чийимге коюп тооруганы болот» Тоорумакчы чийимди баскан бутунун толорсугуна экинчи бутунун башын ичин карай эңкейип туруп тооруйт.

Тоорумакты борборго, топ чүкөлэргө жана бир чүкөгө байлап тоорууга болот, Тоорулган чүкө артка же капталын көздей чыкса туура тооруган болуп эсептелет.

Эгерде тоорулган чүкө чыгып, томпоюабалагы ичке (канга) борборго, чүкөлөргө байланбай калса, оюнчу экинчи атуушуну ошол тоорумак жерден же, 3 кадам оң жагынан жылыш, борбордогу же чийимден алыс аралыктагы чүкөнү борборго түздеп атууга тийиш. Чийимге жакын жерде эки чүкө болуп, бирвене тооруп ичке байланган болсо, ошол тооруп түшкөн чүкөнү чертуүгө руксат берилет. Тооругандан кийин кадамак кадоого болбойт.

5. Чалмай атуу тоорумактын экинчи бир түрү. Чалмай атуучу оюнчу бутунун башын борборго түздөп, такасы менен чийимди басыш, чүкө атпаган колун бооруна алып, өзү чийимдин ичин көздөй, эңкейип, экинчи бутун чийимдин сыртына өзүнө ыңгайлуу абалда сунуп коюп чүкөнү капталын көздөй чертип чыгарыш керек.

Чийимден I метрге чейинки аралыктагы чүкөлөрдү чалмай атууга болот, Чалмай атууга оюнчу чүкө чыгарыш жүргөн көзинде уруксат берилет.

6. Чертмек — оюнчу жогоруда айтылган ыкмалардын бирин колдонуу менен чуке чыгарып, томпоюже абалагы борборго, «кунга» же чүкөлөрдүн бирине жакын жатып калса (калыс чен жеткен жерде болсо, оюнчу андан аркы оюнду чийимдин ичине сыңар тизелеп туруп чүкенү чертүү жолу менен улантат.

а) ичке олтуруу — ичке түшкөн оюнчу эки бутунун башын чүкөнүн, «кан» менен чүкөнүн жана борбор менен чүкөнүн аралыгын белгилеген түз сызыктан өткөрбөстөн сыңар тизелеп олтурат, Казык буттун ап кыты — сОюнчогу экинчи буттун жерге койгон тизесин борбор «кан» менен чүкөдөн, томпой менен борбордон кана «кандан» өткөрбөөгө тийиш. Ичке отурганда оюнчу этекжеңин жерге же чүкөгө тийгизүүгө болбойт.

б) ичке олтуруп томпойду же абалакты алуу; оюнчу ичке олтургандан кийин томпойду же абалакты көздөй эн кейип колу томпойгом же абал акты көздөй эңкейип колу томпойго же абалакка тиер замат айы шып көтөрүп алышы керек. Ичке олтурган томпойду — абалакты алып жаткан көзде казык буттун таманы, экинчи буттун башын жерден көтөрүүгө болбойт. Ичте олтурган оюнчунун казык бутунун таманынын ордунан которулуп же жылып кеткен жана экинчи буттун башы көтөрүлүп калган бардык учурларда оюн жыдып калат.

в) чүкө чертүү: оюнчу жогоруда айтылган бардык шарттарды аткарып, томпойду — аба лакты жерден алгандан кийин чүкөнү чертүү башталат. Оюнчу ичке эмне менен түшсө, чүкө чертүүнү ошону менен улантат. Чүкөнү чертүүдө томпойду — абалакты колунун манжалары менен кармап, аны айланта чертүү ыкмасын колдонот.

Оюнчу томпойду — абалакты алгандан кийин экинчи бутунун жерге койгон тизесин өзүнө ыңгайлуу кылып жылдырууга, эгер кааласа тизесин ордунан жылдырбай эле отуруп черте берүүгө болот.

Томпойду — абалакты тутамдап кармап алга чүкөнү арты менен уруп кагууга болбойт.

Ичке түшкөн оюнчу бир чүкө черткенден кийин борбордогу топ чүкөдөн, үч ашык черткенден кийин чалмай бутунун жерге койгон тизесин кыймылдатпастан туруп «канды» же борбордогу топ чүкөлөрдү чертүүгө уруксат берилет.

Оюнчу бир чүкө черткенден кийин ордунан туруп, башка орунга отуруп алып чүкөнү сабап, удаа удаасы менен ордунан турбастан чертүүгө укуктуу. Сабап чертүүнү унаасы менен бир нече жолу кайталоого болот. Сабап черткенде канча чүкө чертсе оюнчунун өз эрки, бирок экиден кем чүкө чертүүгө болбойт.

Оюнчу чүкөнү черткен соң томпойдун — абалактын жанында жакын жерде чүкө болбосо томпоюп — абалагын артын карай гана тартуу менен колу жеткен жердеги чүкөнүн жанына алып барып коюшу мүмкүн. Томпойду ыргытып жиберүүгө болбойт.

г) кан чертүү: ордодогу чүкөлөрдүн бардыгы атылып жана чертилип алынгандан кийин эки топ «кан» чертет.

Эки топтун башчылары «кан» чертүүгө бирден оюнчу белгилешет, аларды керек болсо алмаштырууга мүмкүн; «кан» борбордун жанында атайын жасалган жайда чертилет. «Кан» чертилүүчү жайдын тереңдиги 2 см., чоңдугу 4X2 см. ашпаган, чети жайпак тартып чуңкурураак болот;

канды чертиш үчүн аянттагы калыс (чүлү) белгиленген жерге аны өз колу менен коюп берет. «Кан» чертилип жаткан мөзгилде чийимдин ичинде башкы калыс, «кан» чертүүчү эки адамдан башка эч ким болууга тийиш эмес;

чертилген «кан» учуп барып чийимдин четине бир чекеси илинип калса чыкканга жатпайт, кайрадан чертилет. «Канды» ордодогу чүкөлөр түгөнө электе ичке түшкөн оюнчу чүкө чертип жаткан көзде да чертүүгө уруксат берилет; ортодогу чүкөлөр атылып жатканда «кан» чийимге жакын жерге келип жатып калса, аны кадап чыгарып алууга мүмкүн. Ордодогу ашыктар атылып жаткан мөзгилде «кан» чийимден чыгып кетсе ал оюнду атып жаткан топтун пайдасына калат.

Оюнда тыюу салынган аракеттер:

а) оюн атпаган оюнчулардын ордонун ичине кирип жүрүшүнө же отурушуна;

б) ичке түшкөн оюнчунун бир чүкө чертпей туруп топтогу чүкөлөрдү, үч, чүкө чертпей туруп «канды» чертүүсүнө;

в) чүкөнү черткенден кийин томпойду — абалакты алдын көздөй түртүп жиберүүгө жана артын көздөй жерге тийгизбей ыргытып жиберүүгө;

г) томпойду — абалакты үзгүлтүк менен токтотуп тартууга;

д) чүкө чертүүгө отургандан кийин томпойду —абалакты колуна алып кайра жерге коюуга;

е) «канды» же топту чертүүнүн алдында бутунун жерге койгон тизесин которуштурууга жана кыймылдатууга;

ж) чүкө чертип жаткан оюнчунун жыдый электе чийимдин сыртына чыгып кетүүсүнө;

з) оюнчу чүкө чыгарып жүргөн көзде чийимдин ичинен сыртка колун созуусуна, сырттагы оюнчулар чийимдин ичине кол созуусуна;

и) ичке отурган көзде казык бутун таманы менен бүккөн тизеден башка денесин жерге тийгизүүгө;

к) чүкө чыгарып жүргөн көзде абалакты — томпойду бир колдон экинчи колго алууга;

л) чүкө чыгарып жүргөн оюнчуга топтун башка бир оюнчусу томпой — абалакты кармап жана ыргытып берүүсүнө;

м) атылып жечертилип чийимдин сыртына чыккан чүкө бир нерсеге тийип кайра чийимдин ичине түшкөн учурда калыстын уруксатысыз алууга болбойт,

ЖЫДЫМАЙ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

а) ура атуу, кадоо, торуу, чертүү мөзгилинде чүкө чийимден чыкпаган учурда;

б) чийимден чыккан чүкө оюн атып жаткан топтун мүчөсүнүн бирине тийип кайра ичке түшсө;

в) чүкө чыгып жатканда оюнчунун өзү же анын шеригинин (жатташынын) бири бир нерсени ичке түшүрүп жиберсе;

г) чүкө чыкканда оюнчунун өзү же ошол топтОюнун бирөө ортодо жаткан чүкө менен борбордун, «кандан», томпойдун — абалактын аралыгынан өтүп кетсе;

д) чийимдин сыртына чыгып бир нерсеге тийип кайра чийимдин ичине чүкөнү сырттан туруп алганда;

е) оюнчунун ичке түшкөнүн же түшпөгөнүн билүү үчүн чен салдырын, чен жетпей калса

ж) оюнчу ичке олтурган көзде казык бутун чүкөлөрдүн арасына киргизип коюп олтурса;

з) ичке түшкөн оюнчу борбор менен «кандын», «кан» менен чүкөнүн ортосуна колун созуп, ичтеги томпойду — абалакты алса;

и) ичке олтурган мөзгилде бүгүлгөн тизеси жана казык бутунун сОюнчогу борбор менен чүкөдөн, «кан» менен чүкөдөн, томпой — абалак менен чүкө« ден өтүп кетсе;

к) оюнчу «кандын» жана борбордун үстүн калпый чүкө чертсе;

л) чүкө чыгып, томпою — абалагы ичке байланган, бирок эреже боюнча сыңар тизелеп отуруп аны мүмкүн болбОюн учурда;

м) аткан же черткен чүкөсү чыгып, бирок томпою — абалагы чүкөгө, «канга» же борборго тийип жатып калса;

н) оюнчу чүкөнү чертип жиберип томпоюн — абалагын жерге койбостон колунда кармап калса;

о) ичке түшкөн көзде томпойду — абалакты жер таянып же томпойдун абалактын өзүн таянып алса, үстү башына тийгизсе;

п) оюнчу чүкөнү чертип, томпойду — абалакты кайра тарткан учурда ал борборго, «канга» же чүкөлөрдүн бирине жетпей арабөк калса;

р) тыюу салынган ыкмаларды колдонгон учурлардын бардыгында жана «тоорумак, чалмай атуу, кыңкай атуу, кадамак кадоо, ичтен томпой — абалак алуу, чүкө чертүү» деген бөлүктөрдүн (пункттардын) ыкмаларынын шарттарын бузган бардык учурларда оюн жыдыган болуп эсептелет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Жоолук таштамай
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 10—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонулуучу каражат — жоолук,

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар тегерек болуп отурушат. Оюн жетекчиси жоолукту ороп алып тегеректин сыртында турат.

Оюндун баяны. Жетекчи отургандардын артынан айланып басып жүрүп жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. «Таяк» жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей жана урдурбай качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетекчиси өз ордунда калып, оюнду улантат. Эгерде жетекчи качканды кубалап жетсе, алар ролдору менен алмашышып оюн кайрадан башталат. Эгерде артына ташталган жоолукту отурган оюнчу байкап калса, ал жоолукту тез алып жетекчини кубалап жетип, жоолук менен жонуна урууга аракеттенет. Оюн жетекчиси болсо ага жеткирбей айланып качып бошОюн орунга келип отурууга аракеттенет. Жетекчи, кубалаган оюнчудан кача албай калса кайрадан өз ордунда калат. Жеткирбей качса, кубалаган оюнчу, оюн жетекчисин ордуна калып оюнду кайрадан баштайт. Токмок жебей өз ордуна келип отурган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Катышуучулар баштарын артка буруп кароого, бир бирине айтууга, оюн жетекчисине качып бараткан оюнчулардын баштарын, беттерине урууга жана өтө катуу урууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Айтып койгон оюнчулар көзексиз оюн жетекчисинин ролун аткарат, Оюнчулар буттары менен малдаш куруп отуруп, анда-санда арт жактарын колдору менен сыйпалап коюуга болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, жүгүрүү ыкмаларын бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   MIRlan   22 Март 2012 - 11:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Чүкө чертмей
Кыргыздын улуттук оюндары:


Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү калгандарынан бирден чүкөлөрдү алып, колдоруна чогултуп, аларды бир канча жолу өйдө-ылдый кыймылдарды жасагандан кийин, жерге жайылтып таштайт. Андан кийин эки топ же ойноочу эки колун бирден чүкө өкчөйт. Кимдин чүкөсү «алчы» болуп түшсө ал оюнду биринчи баштайт, жердеги чүкөлөр таа экинчи, чик үчүнчү, «бөк» — «алчы» болуп жаткан болот.

Оюндун баяны. Көзектеги адам өз чүкөсүн чертет да же сөөмөйү менен бири бирин көздөй тийгизүүгө аракет кылып жылдырып башка оюнчунун чүкөсүнө тийгизүүгө аракет кылат. Эгерде жылдырган чертилген чүкө, башка оюнчунун чүкөсүнө тийсе, утуп алат, утулган чүкөнүн ээси, анын ордуна башка чүкө коёт. Андан кийин чүкөнү уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген чүкө, экинчи оюнчунун чүкөсүнө тийбесе көзек берки оюнчуга өтөт. Ошентип, оюн экөөң бири утмайынча созула берет. Чүкөлөрдү көп чертип алган оюнчу, жеңүүчүсү болот.

Оюндун ушул сыяктуу башка түрлөрү. Сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, шартты бузууга, оюн башталгандан кийин чүкөлөрдү оңдоого болбойт.

Педагогикалык мааниси. Кол жана манжалар менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого, чындыкка үйрөтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   hukker777   04 Май 2012 - 16:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 767
  • Катталган: 06 Октябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 20:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жерде

Орто топ.

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспап. Топ.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Бир тараптын оюнчулары катарга тизилип турушат, экинчи тараптагылар биринчи тараптын эки жагында, алардан 5—10 м. аралык алыстыкка тизилишкенден кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнундө макулдашылат.

Оюндун баяны. Эки жакта турган оюнчулар, ортодогуларды топ менен уруп алууга аракеттенишет. Ортодогу оюнчулар, белгиленген аянтчадан чыкпа тан, ыргытылган топту өздөрүнө тийгизбей качууга тийиш. Эгерде ортодогулардын бирөөсүнө ыргытылган топ тийсе, ал оюнчу жыдып оюндун бүтүшүн күтөт. Ортодогулар калбай калгыча оюн улана берет. Андан кийин эки тарап ордулары менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Аз убакытта атаандаштарын топ менен уруп жыдыйкей кылган оюнчулардын жааты жеңет.

Оюндун эрежеси. Белгиленген аянтчадан качып чыгууга, жыдыган оюнчуга, кайрадан оюнга кирүүгө, сыртта турган оюнчуларга, белгиленген аралыкты кыскартууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Билдирүүнү түзөткөн: hukker777: 04 Май 2012 - 16:20

Ак сөз, асыл ой, адал иш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Temirlik   02 Октябрь 2012 - 10:28

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 01 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 03 Окт 2012 14:53

" Кыргыз маданият борбору" блогунда Улуттук оюндар бетинде 65 кыргыз оюндары тууралуу маалыматтар бар. Бул бет дагы толтурулат. Кимде башка оюндар тууралуу маалымат бар болсо биз менен бөлүшкүлө.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   05 Октябрь 2012 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Онлайн Тогуз коргоол оюну барбы,бар болсо ойномокпуз мага аябай жагат ушул оюн!
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   doni89   29 Октябрь 2013 - 06:51

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 327
  • Катталган: 07 Июнь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2025 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Россиянын эң кооз жери)))

Саламатсыздарбы форумчулар мен мындай теманы карап тапай койдум окшйот эгер бар болсо (кечирим )сурайм алдын ала.Кыргыздын улуттук оюндарына кызыканда р болсо ар ким өз ойлорун,анан ошол оюндардын кандай ойнолушун кыскача түшүндүрүп кетсе жакшы болмок анда өзүбүздүн улуттук оюндарыбызды жаза кетейин мен өзүм баштап берейин.Билгендер болсо бул оюндардын ойнолушун кошумчалап жазып калдырсаңыздар болот.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 29 Октябрь 2013 - 09:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   jooshbala   29 Октябрь 2013 - 08:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 213
  • Катталган: 07 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 03 Авг 2024 12:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:москва

Буларды кантип ойнойт? Мисалы ачакей жумакей дегенди,дарткам дегендиии?
Негизи кээ бирин эле билет экенмин.
Кызыккан оюндарыбызды сурасак түшүндүрүп бере аласынбы?

Билдирүүнү түзөткөн: jooshbala: 29 Октябрь 2013 - 08:13

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Авг 2025 15:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: