Кыргыздардын улуттук оюндары
#81 29 Октябрь 2013 - 09:02
Менин оюмча билбейм кысскасы
#82 29 Октябрь 2013 - 09:04
Биринчи оорунду алганда кошуналардын айнектерин баарын сындырып салып

#83 29 Октябрь 2013 - 09:10
Каттууу конурук тартмай
Буту сасыганда бутун сууга салып балык кармамай
Колтугунун жыты менен кыз уктатмай
Деген жанны оюндарды жазсам окшойт
#84 29 Октябрь 2013 - 09:14
doni89, курамы окшош сайтка шилтеме бергениңиз үчүн 3 күн БАН!
#85 05 Декабрь 2013 - 20:06
#86 20 Март 2014 - 01:18
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 20 Март 2014 - 01:20
#87 20 Март 2014 - 01:20
Оюндун шарты: Макал айтышууга эки адам чыгат. Алар жалан макал-ылакаптарды колдонуу менен бирин-бири созго жыгат. Макалдар жон эле айтыла бербестен, бири-бирине жооп болуп, бири-бирин сындаган, кордогон,акыл- насаат айткан, жана башка мааниде болот да, кимдин созу тугонуп,макал айта албай калса, ал женилет.Экинчи макалчы озунун чечендигин коргозуп, женишке ээ болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 20 Март 2014 - 01:22
#88 20 Март 2014 - 01:24
Акыйнек кыргыз элинде кенири колдонулган. Ал негизинен мыскылдоо,кордоо, шакаба кылуу мунозундо болуп,бир-бирин сындап, онолууга таасир берген. Кемчилигин коргозуу,чечендикти, соз тапкычтыкты сынатуу максатында оюн-зоок, тамаша кечелерде айтылган. Акыйнек оюнунда курбу-курдаштар, тели-тентуштар сынды которууго мажбур болот. Ошол кечеде жамактап ырдай билген кыздар чогулуп,ырдап- бийлешип, бири-биринин кемчилигин корсотуп, аны ыр менен айтышат.
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 20 Март 2014 - 01:25
#89 20 Март 2014 - 01:28
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 20 Март 2014 - 01:30
#90 28 Июль 2014 - 17:13
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 2—4 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.
Оюнда чүкөлөр колдонулат.
Оюнга даярдануу. Аянты 1 метрдей келген төрт бурч сызылат, анын ортосунан түз сызык өткөрүлөт, ал сызыктын ортосуна бир чүкө тикесинен (опол) коюлат. Андан кийин ар бир оюндун катышуучусуна 5тен чүкөнү «оңолдук» эки жагына катарынан тизилет. Төрт бурчтун эки жагына, 4—5 м. аралыкка, чүкө ыргытуу сызыктар сызылгандан кийик, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп «казынадагы» чүкөлөрдү төрт бурчтан уруп чыгарууга аракеттенишет. Эгерде оюнчулардын бирөөсү «казынадан» бир же бирден көп чүкөнү уруп чыгарса, ал оюнду дагы улантат. Эгерде ыргытылган абалак төрт бурчтун ичинде калса, ал оюнчу абалак менен чертип, жаңылгыча чүкөлөрдү төрт бурчтан чыгарса болот. Эгерде оюнчулардын бирөөсү тикесинен коюлган «опол» чүкөнү төрт бурчтан уруп чыгарса, ал Оюнчу «казынадагы» чү« келөрдүн бардыгын утуп алат. Андан кийин оюн кайрадан башталат, Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Чүкөнү көп уткан оюнчу жеңет.
Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, чүкөлөргө тийүүгө, оюндун кезегин бузууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, ыңгайлуу болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.
Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, бир бирин урматтоого үйрөтөт.
#91 28 Июль 2014 - 17:15
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 4—10 киши.
Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болуп бири бирин карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар оң колдору менен оң буттарынын шыйрагынан, сол колдору менен белдеринин артынан оң колдорунун чыканактарынан кармашып, сол буттары менен секирип жүрүшүп, атаандаштарын желкелери, ичтери, төштөрү, көчүктөрү менен түртүшүп, алдашып тең салмактан чыгарышып эки буттарына тургузууга аракеттенишет. Оюнчулардын бирөөсү тең салмагын жоготкондон кийин, оюнчулар оң буттарында секирип жүрүшүп оюнду улантышат. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашып оюнду кайрадан башташат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Кеп жолу атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып, буттарына тургузган оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрү. Чочоюп отуруп секирип жүрүп тең салмактан чыгарышуу.
Оюндун эрежеси. Колдорду коюп жиберүүгө, тебүүгө, сүзүүгө, буту менен басып жүрүп оюнду улантууга болбойт.
Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.
Педагогикалык мааниси. Күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, кыймылдарды так аткарууга, туруктуулукка үйрөтөт.
#92 28 Июль 2014 - 17:18
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 3—6 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.
Оюнда колдонуучу аспаптар: эне таяк (1 м), бала таяк (15—20 см)
Оюнга даярдануу. Диаметри 1,5 м. келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна бала таяктын узунунан тигирээк чуңкур казылат. Оюнчулар эки топторго бөлүнүп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. ;
Оюндун баяны. Оюндун шарты жана кезеги боюнча бир топтун оюнчулары тегеректин жанында, экинчилери талаада турушат.
Бала таяк тегеректин ортосунда чункурдун үстүнө коюлат. Биринчи оюнчу эне таяктын бир учу менен, бала таяктын астына киргизгенден кийин, аны бийиктикке ыргытып, бала таяк кайра жерге түшүп жатканда, эне таяк менен, талааны көздөй уруп, тегеректен алыс учурганы аракеттенет. Эгерде ошол оюнчу эне таяк менен, жерге түшүп жаткан таякчаны ура албаса же ургандан кийин бала таяк тегеректин ичине түшүп калса ал оюнчу аракеттенүүсүн пайдаланды деп эсептелип, колундагы эне таякты көзектеги оюнчуга өткөрөт. Эгерде баланын таягы туура урулса, талаадагы оюнчулар аны жерге түшүрбөй абада кармап калышса, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Бала таякты кармай алышпаса, талаадагы оюнчулардын бирөөсү аны алып, тегеректи көздөй ыргытат. Ыргытылган бала таяк тегерекке түшсө, оюнчулар ролдору менен алмашышат. Эгерде түшпөсө, бала таякты уруп жаткан оюнчу, эне таяк менен бала таякты өзүн көздөй тартып, бала таякты эне таяктын учуна чыгаргандан кийин, аны бийиктикке ыргытып кайрадан жерге түшкүчө дагы алыстыкка уруп учурууга аракеттенет. Талаадагы оюнчулар бала таякты жерге түшүрбөй тутуп алганы же тегерекке ыргытып түшүрүүгө аракеттенишет. Ыргытылган бала таяк түшкөн жерден, тегерекке чейин, эне таяк менен өлчөйт. Мисалы 10 таяк, бул деген 10 упай утулду деген болот. Андан кийин ошол эле оюнчу, оюнду жаңылып калгыча улантат. Ал оюнчудан кийин, кийинки кезектери келгендер оюнду улантышышат. Ошентип бир топтун оюнчулары белгилүү упайга жеткиче оюн уланат. Макулдашышкан упайларды алышкан топтун оюнчулары жеңишке жетишишет. Утулган оюнчулар зуулдашып белгиленген аралыктан жүгүрүшүп өтүшөт.
Зуулдаш үчүн жеңишке жетишкен оюнчулардын бирөөсү 3 жолу эне таяк менен бала таякчаны уруп алыстыкка учурат. Мисалы биринчи жолу бала таякча 20 м учуп барып түшөт, экинчи — 15 м. үчүнчү — 20+15 + 20=55 м.
Утулган топтун бирөөсү 55 м. аралыкты терең дем алып, төмөнкү сөздөрдү кайра дем албай айтып, жүгүрүп өтүүгө милдеттүү.
Ак бай,
Ток бай,
Уяттары жок бай,
Катуу жорго
Кашка тай,
Кадик балбан
Катуу чапса чарчаба,
Жеткирбеген башкага
Үстүндөгү жаш бала
Уруп кетип аскага
Чабалекей чамчум Мына жетип калдым! — деп марага жетиш керек.
Эгерде жүгүрүп бараткан оюнчунун алган деми жетпей калып, кайрадан дем алса, ал зуулдашты кайра баштоого тийиш. Эгерде ал оюнчунун алган деми, экинчи жолу дагы жетпей калса, утулган оюнчулардын тобу, уткан оюнчулардын тобун белдерине көтөрүшүп, ошол аралыктан өтүшүшөт. Андан кийин оюнчулардын каалоосу боюнча, оюн кайрадан башталышы мүмкүн.
Оюндун эрежеси. Эне таяк менен, бала таякты (уруп жатканда, жакын калууга, тоскоолдук кылууга, оюн бүтпөй туруп, оюндан чыгып көтүүгө болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын жаштары бирдей болушу керек. Ар бир топтун оюнчулары өз аспаптары менен ойношот.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, жүгүрүүнүн, ыргытуунун ыкмаларын, максатка жетүүгө, тартипти сактоого үйрөтөт. Зуулдаш учурунда бронха тамырларынын иштөө процесси жакшырат.
#93 28 Июль 2014 - 17:22
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 10—20 киши,
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда таяктар, томпойлор колдонулат.
Оюнга даярдануу. Көлөмү 20X20 метр келген аянтчанын ортосуна кесенин көлөмүндөй чуңкур сыйлат, андан кийин колдоруна таяктарын алышып эки бөлүнүшүп оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Биринчи топтун оюнчулары, таяктары менен томпойду аянтчанын ортосундагы чуңкурга түртүп же уруп киргизүүгө аракеттенишет. Экинчи топтун оюнчулары чуңкурду корушат. Томпой чуңкурга киргизилгенден кийин, оюнчулар ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Томпойду көп жолу чуңкурга киргизген топтун оюнчулары жеңишет.
Оюндун эрежеси. Бир бирин таяк менен урууга, түртүүгө, кармоого, томпойду кол менен кармоого, тебүүгө болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бирдик тикке, бир бирин урматтоого, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.
#94 28 Июль 2014 - 17:24
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн аянтчада, сахнада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болушуп, бир бирин карашып, эки колун белинин артына коюп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Ар ким бири биринин буттарын тепсөөгө аракеттенет. Оюнчулар бири биринин буттарын тепсегенден кийин атаандаштары менен алма» шып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышат. Көп жолу атаандаштарынын буттарын тепсеген оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси. Бири бирин колдору менен түртүүгө, тартууга, тебүүгө, кармоого болбойт.
Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын бут кийимдери жумшак болушу керек.
Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.
#95 28 Июль 2014 - 17:26
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда чүкөлөр колдонулат.
Оюнга даярдануу. Оюнчулар кыл аркан салуу үчүн дарактын бутагын, казыкты, ташты тандашып алышкандан кийин, аркандын илмек жагын чыканакка ороп, бош жагын учун кармашып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден аркандын чыканакта оролгон жагын бир колу менен кармап, бир канча жолу кыймылдаткандан кийин, шилтешип, бутакты көздөй ыргытышат. Аркан илмеги бутакка илингенден кийин, экинчи учун тартышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Арканды көп жолу ыргытып бутакка илген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү. Жөө баратып аркан салмай, жүгүрүп баратып аркан салмай, атта баратып аркан салмай.
Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, колдор менен кыймылдарды так аткарууга, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.
#96 28 Июль 2014 - 17:28
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 5—10 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.
Оюнда колдонуучу аспаптар. Жип, кайчы.
Оюнга даярдануу. Жаңыдан басып жаткан бөбөктүн буттарын жип менен тушайт, анын буттарынын жанына кайчы коюлат. Оюнга катышуучулар 40—50 м. аралыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары тушалган бөбөктү көздөй жүгүрүшөт. Биринчи келген оюнчу, кайчыны алып тушоону кесет. Тушоо кескен оюнчуга байге берилет.
Оюндун башка түрү. Тушоо чечмей, жип чечмей,
Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда жүгүрүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдыкка тарбияланат, тартипти сактоого, салтты үйрөнөт.
#97 28 Июль 2014 - 17:29
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 5—8 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда таяктар, омуртка сөөктөр колдонулат. уюлга даярдануу. Жетекчиси шайланат, андан кийин диаметри 4—5 метр келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна омуртка сөөк баткыдай кичинекей чуңкур (казан) жана тегерек сызыкка оюнчулардын санына карата, бирдей аралыкта ар бир оюнчу өздөрүнө чуңкур казышып таяктарын бир учун чунурдан чыгарбай кармашып турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны: Жетекчи 10—12 метрлик аралыктан таягы менен омуртка сөөкту жер менен жылдырып келип аны тегеректин ортосундагы «казанга» таягы менен түртүп киргизүүгө аракеттенет. Тегеректе турган оюнчулар таяктары менен омуртка сөөктү урушуп, «казанга» жакын келтирбөөгө аракеттенишет. Эгерде оюн жетекчисине омуртка сөктү «казанга» же оюнчулар коруп турган чуңкурлардын бирине таягы менен түртүп киргизсе, ал көзектеги оюнчу же болбосо чуңкур коруй албаган оюнчу менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу омуртка сөөктү «казанга» таягы менен түртүп киргизген оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрү. Уйчу. Бул оюнда омуртка сөөктүк ордуна, кертилген жыгач колдонулат.
Оюндун эрежеси. Таяк менен бир бирин урууга, омуртка сөөктү буту менен тээп, кол менен кармоого, өз чуңкурунан алыс кетпей туруп бошоп калган башка бир оюнчунун чуңкурун ээлөөгө болбойт.
Методикалык көрсөтмө. Колдонуучу таяктар бирдей, оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, башка буюмдарсыз болушу керек.
Педагогикалык мааниси. Күч, шамдагайлыкка тарбиялайт, көңүл коюуга үйрөтөт. Хоккей оюнуна даярдоочу көнүгүүлөрдүн бири катары эсептелинет.
#98 28 Июль 2014 - 17:31
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспап. Куржун.
Оюнга даярдануу. Толтурулган куржунду тегиз жерге койгондон кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Кезектери келгенде, аттарынан түшпөй, эңкейишип жерден куржунду эңип алып кайра мурдагы ордуна коюуга аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Куржунду жерден кыйналбай бат эңип алган оюнчу жеңет.
Оюндун башка түрлөрү, Бала эңмей, кыз эңмей ж. б.
Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, аттан түшүп куржунду көтөрүүгө болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Акырындык менен куржундун оордугун көбөйтсө болот.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, атты башкарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.
#99 28 Июль 2014 - 17:34
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 2—3 киши.
Оюн жайлоодо өткөрүлөт.
Оюнда укуруктар колдонулат.
Оюнга даярдануу. Оюнчулар аттарына минишип, колдоруна укуруктарын алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келишкенде, бирден укурук менен мурда белгилешкен аттарды же тайларды тутууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Укурук менен аттарды бат туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун түрлөрү. Жөө укурук салмай, илмек ыргытмай, жөө илмек ыргытмай.
Оюндун эрежеси. Бир бирине себепсиз жардам берүүгө, тоскоолдук кылууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга ат минүүнүн ыкмаларын жакшы билишкен оюнчулар катышышса болот.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлык тарбияланат, ат минүүнүн, чабуунун, башкаруунун ыкмаларын чечкиндүүлүккө үйрөтөт.
#100 28 Июль 2014 - 17:57
Кыргыздын улуттук оюндары:
Оюнчулардын саны 4—8 киши.
Оюн аянтчада, жолдо, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнда элечек колдонулат.
Оюнга даярдануу. Катышуучулардын бирөөсү башына элечек оройт. Калгандары андан 2—3 кадам аралыкта туруп оюндун шарты жөнүндө макулдашат.
Оюндун баяны. Элечек кийген оюнчу, калгандардан белгиленген жерден чыкпай кача баштайт. Беркилер артынан кубалап жетишип элечегин чечип кетүүгө тийиш. Элечекти чечкени аны өзүнүн башына орОюндон кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. Элечекти баарынан кеп чечүүгө жетишкен оюнчу жеңүүчү,
болот.
Оюндун эрежеси. Аянтчадан сыртка чыгууга, бир бирин урууга, жыгууга жол берилбейт,
Методикалык көрсөтмө. Оюнга кыз, келиндер катышат. Оюнчулар элечек ороону үйренгөидөн кийин киришсе болот,
Педагогикалык мааниси. Ылдамдык, күч шамдагайлык, чыдамкайлыкка тарбияланат, элечек ороону үйрөнөт.