Мен арыктайм, семирем деген деле ой жок экен. Тамакты канча болсо да жей берем, аппетит болгондо.
Бир нерсеге ойлонуп, же бироону суйуп калганымда тамагымдан эч нерсе отпой, аппетитим буулуп калат. Ошондо озу арык жаным, дагы арыктап кетем. Озумо озум фигурам жагат, айрыкча белим, ичкелиги 58.
Дене түзүлүшүӊүз 90-60-90 болууну эңсеп жүрдүңүз беле? анда эле бул жакка баш бага калыныз...
#162 22 Сентябрь 2015 - 21:07
, же бироону суйуп калганымда тамагымдан эч нерсе отпой, аппетитим буулуп калат.
Тез-тез суйуп турат окшойсуз а?
[
Тез-тез суйуп турат окшойсуз а?

[
#165 23 Октябрь 2015 - 19:50
Жылдыз белги боюнча арыктайбыз
Жаздын келиши менен айымдардын алдында турган көйгөйлөрдүн бири-ашыкча салмактан арылуу. Диетологдор ар бир жылдыз белгиге карап арыктоонун төмөндөгүдөй ыкмаларын иштеп чыгышкан. Сиз да өз белгиңизге карап, кандай диета сунушталганын байкап көрүңүз.
Кой жылдызы:
Кемчилиги: Таттуу азыктардан баш тарта албайт. Жолду катар азык-түлүк сатылган дүкөндөрдү кыя өтпөй, көзү көргөндү алмайын тура алышпайт. Басып баратканда оозуңузду кыбыратып бир нерсе жемей адатыңызды таштаңыз!
Сизге керектүүсү: Өзүңүздү тамак менен эле чектебестен спорттун ар кандай түрүнө катышып, бий менен да алектениңиз. Бир күндө аз-аздан бирок, төрт ирет тамактанып турууңуз керек. Сууга бышкан жумуртка, картошка, капуста, сабизден жасалган жеңил тамактар арыкташыңызга оңой өбөлгө түзөт.
Букачар:
Кемчилиги: Бир отуруп тоё тамак жеш үчүн көп нерсеге даярсыз. Таттуу азыктарга караганда майлуу тамактарга басым жасайсыз. Спорт көнүгүүлөрүн жасайын деген аракетиңиз бар, бирок денеңизди көп кокустатып, жалакайланып бат тажайсыз.
Керектүүсү: Сизге баарынан да йога менен алектенүү же болбосо сууда сүзүү көбүрөөк пайда алып келет. Түшкү тамактануу учурунда курсагыңызды болушунча тойгузуп, калган убакта өзүңүзгө чек коюуну үйрөнүңүз. Төө буурчактан жасалган шорпо, алма, дарбыз же коон дене -мүчөңүздү бир калыпта кармап жүрүүгө жардам берет.
Эгиздер:
Кемчилиги: Жаңгак, печенье, кечкиден калган тамактардын калдыгын кемирип отурганды жактырасыз. Оозуңуз дайыма кыймылда жүрөт. Сууда сүзгөнгө караганда күнгө кактанып жатканды жактырасыз. Азыраак кыймылда болгонуңуз сиздин толуп жатканыңыздын эң негизги себеби.
Керектүүсү: Спорт менен машыгууну каалабасаңыз да физикалык күч жумшап, кара жумуштарды аткарганга аракет кылыңыз. Суусундуктарга көбүрөөк басым жасап, майлуу, куурулган тамактардан баш тартканыңыз оң. Жер-жемиштер, үй шартында даярдалган сыр, айран сиздин салмагыңыздын көбөйбөшүн көзөмөлдөп турат.
Бөйөн:
Кемчилиги: Эркектин жүрөгүнө жол ашказан аркылуу өтөт деген сөздү ураан тутуп, сүйүктүүңүзгө тамактын даамдуусун даярдагандан эринбейсиз. Албетте өз колуңуз менен жасалган тамактан баш тартуу сизге оорчулукка турат. Ошондо сиздин салмагыңыздын көбөйүшү жеке жашооңузга көз каранды деген жыйынтык чыгарсаңыз болот.
Керектүүсү: Күчүңүздү аябай кара жумуш менен көп алектениңиз. Эрктүү болуп калориясы көп тамактарга азгырылбаңыз. Ушул эки эрежени эске алсаңыз ашыкча салмакты азайтып, өзүңүз каалагандай дене-мүчөгө ээ болосуз. Баса, газдалган суусундуктарга караганда анардын ширеси ден-соолугуңузга көбүрөөк пайда алып келээрин эсиңизге салабыз.
Арстан:
Кемчилиги: Сиз эң жакшысына, эң мыктысына татыктуумун деген ойго жетеленип тамактануучу жайга киргенде менюдагы эң кымбат, майлуу тамакка басым жасайсыз. Күндүз кечке тамактын түрүн жеп, жатаарда оозуна наар албай уктаса адам арыктайт деген оюңуз жаңылыштык.
Керектүүсү: Жогорудагы жаңылыштык эрежеге жетеленбей андан көрө бир күн бою аз-аздан тамактанып, кечкисин күрүчтөн жасалган ботко, тооктун шорпосу, кургатылган нан менен өзөктү алдаганыңыз туура. Спорт менен машыгууга убакыт таппай жатсаңыз төшөк майданында темпиңизди жогорулатып "өзгөчө арыктатуучу" көнүгүүлөр менен машыксаңыз болот.
Бийкеч:
Кемчилиги: Тамакты калтырбай ичүүнү адатка айландырып алганыңыз-сиздин эң негизги катаңыз десек болчудай. "Жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын" деген урааныңызды таштамайын дене-мүчөңүздү оңой менен бир калыпка салып, ашыкча салмактан арыла албайсыз. Дайыма стресстин үстүндө жүргөнүңүздөн салмагыңыздын кошулганы кошулган.
Керектүүсү: Эртең менен болушунча тамактанып, күндүн калган бөлүгүндө жеңил тамактар менен чектелиңиз. Өзүңүздү бир калыпта кармап, жан-дүйнөңүздүн тынчтыгын сактаңыз. Анткени, ар бир көрүнүшкө жинденип отурсаңыз салмагыңыз гана кошулуп тим болбостон ден-соолугуңузду өз колуңуз менен талкалашыңыз мүмкүн.
Тараза:
Кемчилиги: Туздалган тамактардан баш тартпай, ар бир жеген тамагыңызга кетчуп же каймак кошуп жемейин тура албайсыз. Сизге сунушталган тамактардан баарын аз-аздан болсо да даамдап көрүп, жыйынтыгында ашказанга күч келтирип кыйналасыз. Спорт менен чындап машыккандан качып, анда-санда жөн гана башкалардын көзүнө көрүнүш үчүн спорт залга баш багып коюшуңуз мүмкүн.
Керектүүсү: Эртең менен кара нан менен айран, түштө жер-жемиштин түрү менен тамактанган пайдалуу. Кечкисин табитиңизге чек коюп, күрүчтөн жасалган суюк шорпо, кургак нан менен көк чай ичип тим болуңуз.
Чаян:
Кемчилиги: Эртеден-кечке жарытылуу тамак ичпей, болгон күчүңүздү кечки тамактан чыгармай жаман адатыңыз бар. Сэндвичти жаныңыздай көрүп бир күндө жок дегенде бирди жемейин тура албайсыз. Андан сырткары шоколад семиртээрин билсеңиз деле андан баш тартууга эркиңиз жетпейт.
Керектүүсү: Сүйгөн адамыңыз сизди арыктатуунун амалын издеп келет. Анын берген сунуштарынан баш тартпай, жардамын пайдаланыңыз. Жогорудагы саналган тамактарды азыртадан баштап менюдан чыгарып, жеңил азыктарга өткөнүңүз жакшы.
Жаачы:
Кемчиликтер: Чыгыш элинин ашканасына суктанып, тамактанууда аша чаап кеткен учурларыңыз көп. Кийин ашказаныңыз ооруп кыйналаарыңызга кайыл болуп, алдыңызга келген табакты түбүнө түшүрмөйүн жаныңыз тынбайт. Анда-санда жүрөгүңүз ооруксунган жагдайлар кездешет. Мунун баары ачуу, майлуу тамак жегендин кесепетинен келип чыгаары талашсыз.
Керектүүсү: Сиздин энергияңыз көп, ошону чеги менен пайдаланыңыз. Тамакты тоё жеп алаарыңыз менен ашказан жеңилдесин деген ойдо дароо оор жумушка киришкениңиз туура эмес. Абалыңызды ого бетер оорлотуп, ашказандын шорун катырасыз. Кандай күчтүү тамак жебеңиз артынан эч убакта суусундук ичпеңиз.
Текечер:
Кемчиликтер: Жаңы бышкан тамактын жытына бат азгырылып, таттуу токочтордон баш тартмагыңыз тозок. Спорт менен машыга баштасаңыз да аягына чыгарбай таштап салганыңыз да бат. Эгерде өзүңүздү бир калыпта алып жүрүүнү кааласаңыз диета менен эле чектелбей ар кандай көнүгүүлөрдү жасаңыз.
Керектүүсү: Эртең менен сүт азыктарын ичип, түштө жакшылап тамактанып, кечкисин кандай даамдуу тамак жасалбасын эркиңизди кармап баш тартканыңыз сиздин дене-мүчөңүз үчүн да, ашказаныңыз үчүн да туура чечим болот.
Суупери:
Кемчиликтери : Колбаса, сыр менен жасалган тамактарды жактырасыз. Куурулган тамак ден- соолукка пайда алып келбесин билсеңиз да майды чылкылдатып картошка кууруп жегенден ырахат аласыз. Бат чарчагандан улам спорт менен машыккыңыз келбейт.
Керектүүсү: Суусундуктун түрүн көп ичиңиз, кайнатма шорпонун түрү арыктаганга жакшы мүмкүнчүлүк түзөөрүн эске алып, куурулган тамакка караганда суюк тамактардын рационун көбөйтүңүз. Шорподон тажасаңыз сабиз, картошка, пияздан соус жасап жесеңиз болот.
Балык:
Кемчиликтери: Денеңиз борпоң болуп бат чарчап, көп ооруйсуз. Чайды жаныңыздай көрүп бир күн бою чай ичип жүрө берүүңүз да мүмкүн. Жеңил тамактар менен чектелип курсагыңыздын ачка болгонуна караганда дене-мүчөңүз бир калыпта жүргөнү сиз үчүн маанилүүрөөк.
Керектүүсү: Эртең менен жемиштин түрү менен жасалган экзотикалык салаттар менен тамактансаңыз болот. Өзүңүзгө көп эле чектөө коё бербей, анда-санда өзүңүздү эркелетип, көңүлүңүзгө жаккан тамакты жасап жегениңиз ашыкча болбойт

#166 23 Октябрь 2015 - 19:57
меники туура чыкты, жылдыз белги боюнча, менде чын эле ушул койгойлор)).
В девушке нужно видеть будущую жену,а если нет- не держите возле себя чужое счастье!!!
#168 24 Октябрь 2015 - 21:17
Жей турганымды жейм эле балчылдатып!
Чын эле суйгусу келгендер 90-60-90 эмес эле 90-120-90 болсо деле суйот!

#170 25 Октябрь 2015 - 17:10
sabira.199890 (24 Октябрь 2015 - 21:17) жазган:
Жей турганымды жейм эле балчылдатып!
Чын эле суйгусу келгендер 90-60-90 эмес эле 90-120-90 болсо деле суйот!
Чын эле суйгусу келгендер 90-60-90 эмес эле 90-120-90 болсо деле суйот!
Сиздин созунуз кыздарга тиешелуу болуп калды окшойт, себеби мырзалар келбетке аз болсо да маани беришет.
Бир гана учурдаучурда - кош бойлуу жубайынын параметри 90-120-90 болсо макул корушсо керек

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#171 25 Октябрь 2015 - 22:05
Мен турмушка чыккандан кийин, 1 айга жетпей эле толуп кеткенмин. Анан куйоом арыкта диета карма дей берет эле. Боюмда болгондон кийин таксикозум катуу болгонго ото коп арыктадым. Азыр эми канча толсон да мейли, балам экоонун тен ден соолугунар чын болсо болду деп калган.
Ошо... азырынча 90-60-90 болууну кыялданбай элемин

#172 25 Октябрь 2015 - 22:14
Энсебей элемин озумдун фигурам ошондой мурун энсечуу элем азыр ошол фигурага жеттим кудайга шугур деп эле журом)))
#174 27 Октябрь 2015 - 01:49
#175 27 Октябрь 2015 - 18:10
Акыркы кундору коп ойлончу болдум. Кантип арыыыык кыз болушт... Бирок бир майнап жок.
#176 21 Ноябрь 2015 - 23:22
Бала эмизип атып кантип арыктаса болот? Мен кундон кунго толуп баратам.
#178 08 Декабрь 2015 - 20:55
Уруксатсыз кыздар канага кирип алганым учун узур. Мага бомпошка кыздар жакчу,азыр деле жагат ( бомпошка десе ичи саландаган деп элестетип албагыла). Мындан уч торт жыл илгери келинчегим 75 кг жетип семирип кеттим дей берчу. Мага ошол турушу абдан жакчы.Кучактасан кучагын толуп дегендей.Азыр арыктап алтымышка тушуп калды. Канткенде семирет а. Толтуралбай жатам.
#179 08 Декабрь 2015 - 23:18
La-lak.08 (08 Декабрь 2015 - 20:55) жазган:
Уруксатсыз кыздар канага кирип алганым учун узур. Мага бомпошка кыздар жакчу,азыр деле жагат ( бомпошка десе ичи саландаган деп элестетип албагыла). Мындан уч торт жыл илгери келинчегим 75 кг жетип семирип кеттим дей берчу. Мага ошол турушу абдан жакчы.Кучактасан кучагын толуп дегендей.Азыр арыктап алтымышка тушуп калды. Канткенде семирет а. Толтуралбай жатам.
Ошондой болгону жакшы, семирсе ден соолука зыян болот...
[color="blue"]Салам[\
blue]
#180 09 Декабрь 2015 - 00:20
La-lak.08 (08 Декабрь 2015 - 17:55) жазган:
Уруксатсыз кыздар канага кирип алганым учун узур. Мага бомпошка кыздар жакчу,азыр деле жагат ( бомпошка десе ичи саландаган деп элестетип албагыла). Мындан уч торт жыл илгери келинчегим 75 кг жетип семирип кеттим дей берчу. Мага ошол турушу абдан жакчы.Кучактасан кучагын толуп дегендей.Азыр арыктап алтымышка тушуп калды. Канткенде семирет а. Толтуралбай жатам.
Выйяяя

Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…