Суперстан: Дүйнөдө аялдарга караганда эркектер көп. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Дүйнөдө аялдарга караганда эркектер көп. эркектер эмес кыздар аз экен

#1 Пользователь офлайн   Aygul   28 Май 2014 - 11:59

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Эгер мындай тема болсо админден кечирим сурайм, туура эмес жерге ачсам жылдырып коесуздарбы?

Коомчулукта жигиттерге караганда кыздар көп деген пикирлер арбын. Иликтеп көрсөк тескерисинче экен. Кыргызстанда акыркы жылдары кыз-жигит мамилелерине бул стереотиптин кандай таасир эткендигин   “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” тасмасынан да байкасак болот. Себиби тасмада жигиттер аздык кылат деп корркон жалгыз бой кыздар өздөрү аракетке өтүшөт.

Кыргызстанда кыздар көппү же эркектерби? – деген суроом менен алгач жигиттердин өкүлү катары Маратка суроо салдым. Ал шашпай туруп, “албетте, кыздар көп, статистика боюнча  бир жигитке 7 кыз туура келип атпайбы” дейт. Кыргызстандын мамлекеттик статистикалык комитеттин 2012-жылга карата жасаган билдирүүсүнө карасак, негизги үйлөнүү  курагы деп эсептелген 15-35 жаштар арасындагы кыздар менен жигиттердин жалпы санын эсептегенде 16 миңге жакын жигитке кыз жетпейт. Ал муну укканда  камырабай туруп  “Анда мен уккан статистика дүйнөлүк кыз-жигиттердин катышы экен дейт.” Дүйнөлүк демографиялык абал кандай болду экен деп да изилдеп көрдүк. Белгилүү окумуштуу Евгений Павлович Ильиндин аялдардын жана эркектердин дифференциалдык  психофизиология деген илимий изилдөөсүндө минтип жазылат:

Негизи эле дүйнөдө эркек балдардын  6% га  көп төрөлүүсү 1961-жылы эле медициналык изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилуу болгон. Жалпысынан алганда эркек балдардын  бойго бүтүүсү кыздарга караганда алда-канча  көп  болот. Бирок, аялдар өзүнүн кош бойлуу  экенин биле элек кезинде бойдон түшүп калуу көп болгондуктан, келечектеги эркек наристелер көбүрөөк өлүмгө дуушар болушат. Себеби, эркектер табиятынан кыйынчылыктарга чыдамсыз, болушат.

Ошондой болсо да, баары бир дүйнөдө эркек балдар көбүрөөк төрөлөт.  Орточо эсеп менен алганда 105  эркек бала 100 кыз төрөлөт. Ал эми Кытай жана Индияда 110-120 эркек балага 100 кыз туура келет. Орточо эсеп менен жер жүзүндө 3,7 миллиардга жакын  аял бар.Жалпы адамзаттын саны 7,5 миллиард.

Чуй облустук төрөтканасында ноябрь айында 191 кыз, 196 эркек бала төрөлгөн

Кыздар көп деген коомдук көз караш кантип калыптанып калды? Көп аял алгысы келген эркектердин чыгарган пикири эмеспи деп Өзүбек ажы Чотоновдон сурадык. “Аялдар чындап эле көп. Көз көрүнөө эле билинип турбайбы. өткөндө бир райондук  төрөтканада бир жума ичинде бир эле эркек бала төрөлүптүр. Бүт баары таң калып жатышат дейт. Көчөлөр, базарлар, окуу жайлар 70-80%  аялдар” деп жооп берди.

Чындыгында Кыргызстанда төрөлүү  кандай болду экен? Өзүбек ажы Чотоновдун сөзүнүн канчалык чындыгы бар деп изилдеп көрдүк. Чүй облустук төрөтканасынын дарыгери Айсулуу Абылова: “Ушул жылдын ноябрь айында биздин төрөтканада  жалпы 387 бала төрөлгөн. Анын 191 и кыз, 196 сы эркек балдар.Ар бир айда ар кандай төрөлөт. Кээде эркек балдар көп төрөлөт, кээде кыздар көп төрөлөт” деп жооп берди.

7-15 жаштагы өспүрүмдөрдөн эркек балдар кыздарга караганда 2 эсе көп жаракат алат. Ооруга  чалдыгуу жана жаракаттануудан башка да өзүн-өзү өлтүрүү ыктымалдуулугу да эл аралык статистика көрсөткөндөй эркек балдарда жогору. Аскерде кызмат өтөө, техника менен иштөө, спорттук оюндарга катышуу сыяктуу факторлор жигиттердин жаракат алуусунун эң негизги себептери. Кокустуктардын айынан жылына аялдарга салыштырмалуу эркектер 2 эсе көп өлүшөт.

Кытайда 200 миллион аял жетишпейт

Кыздардын төрөлүүсүн жасалма жол менен(аборт аркылуу) азайтуу фактылары да аз эмес. Айрыкча Чыгыш өлкөлөрүндө диний жана демографиялык  таасирлерден улам  көпчүлүк  үй-бүлөлөр кыздуу болууну каалашпайт. Мисалы Кытайдын көп балалуу болууга каршы закондору бар. Ошондон улам гендердик баланс сакталбай, Кытайда, Индияда жана Туштук Чыгыш Азияда 100 млн аял жетишпейт.Бул тууралуу БУУнун докладында айтылган.Айрым маалыматтар боюнча БУУ бул маалыматты бир аз жумшартып берген. Болбосо 200 млн аял жетишпейт дешет айрым аял укуктары үчүн күрөшкөн уюмдар. Бул Кыргызстандын калкынын санынан 40 эсе көп. Демек, Кытай жигиттеринин кыргыз кыздарына үйлөнүүсүнүн экономикалык максаттарынан башка да  демографиялык себептери бар.

The Economic Observer гезитинин жазган маалыматы боюнча Кытайда уйлөнүү жашына келсе да колукту жетишпөөчүлүгүнөн үйлөнө албай жүргөн жигиттердин саны күн санап өсүүдө.Чоң шаарларда жана кыштактарда бала бакча менен мектепте дээрлик эркек балдар билим алышат. Акыркы 20 жылда кыздардын саны кескин азайып кетүүсү көп көйгөйлөргө жол ачууда. Жыл сайын колукту таба албаган эркектердин саны 1,2 миллионго көбөйүүдө. Мындай жагдай аялдардын мыйзамсыз сатылышына да алып келүүдө.

Въетнамга жакын тоолуу аймактардагы кытай эркектери коңшу өлкөнүн аялдарын күчтөп алып келишип үйлөнүшүүдө. Бул жагдай өндүрүшкө да терс таасирин тийгизүүдө. Маселен Гуанчжоу сыяктуу чоң шаарларда айрым фабрикалар аялдардын жетишсиздигинен жабылууда. 

Аялдардын саны көбүрөөк болгон өлкө Россия. Бул өлкөдө100 аялга 87 эркек туура келет. Себеби, жашы улгайган аялдардын саны көп .Жаш жигит-кыздардын санын алганда жигиттер бир кыйла ашыкчалык кылат.

“Эркек балдардын аралы” 

Япониянын Дзинодзи аралы “Эркек балдардын аралы”  деп аталат. Бул аралда көп жылдардан бери эркек балдар кыздарга караганда  3,5 эсеге көп төрөлөт. Япондук окумуштуулар бул өзгөчөлүктү  ичүүчү суунун курамындагы көптөгөн щелочтордун болуусу менен байланыштырат.

Жаракат алуу фактылары бардык курактагы эркектерде көп кездешет. Эркек балдардын  денеси кыздарга караганда чоң болгон үчүн төрөт учурунда эле алар жаракаттануу ыктымалдыгы жогору.

Эркектердин ден соолугуна коомчулук көңүл бурбайт

Эркектердин өлүмүнүн көптүгүн согуш менен байланыштырат. Бирок, согуштан башка себептерди да эске алуу керек. Эркектердин ден соолугуна коомчулук көңүл бурбайт. Мисалы Бишкекти эле алып карасак, аялдардын жана балдардын атайын ооруканалары бар. Аларга ар кандай Гуманитардык жардамдар келип турат.Ал эми эркектерге мындай шарттар жок. Керек болсо, эркектер ден соолугу учун өздөрү да күрөшкүсү келбейт.Ичимдикке берилип, тамекини борулдатып тарткандырдын көбү да эркектер.

Аял эркек мамилесин изилдеген улуу окумуштуу Джорджия Виткин эркектердин  жашоо узактыгы тууралуу минтип жазган. Андан башка да жумуш боюнча нервдин чыңалуусу.Себеби, көпчүлүк жетекчилик кызматтарда эркектер иштешет. Ошентип, нерв ооруларынан, жүрөк, кан тамыр ооруларынан  каза болгондордо да эркектер көп.Ушуга байланыштуу эл арасында аялдар кайгырса ыйлап-ыйлап көз жаш менен ички бугун чыгарып жеңилдеп алат , эркектер ыйлай албай,  ооруга көп чалдыгат экен деген кеп бар.

Эркектердин жетишпестиги жашообуздун бардык тарабына таасир этет. Күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин, буга чейин балалуу болгон эмес болсо да кайра күйөөгө тийүү мүмкүнчүлүгү аз болот. Бул  кыргыз элинде гана эмес дүйнө жүзүндө болуп жаткан көрүнүш. Демек, уй-було институтунун бекемдигине  тескери таасир этет.

Ал эми аялынын өлүмүнөн кийин эркектердин өлүмү 48% ке жогорулайт. Ал гана эмес, аялы бар болгон эркектердин өлүү ыктымалдыгы, ошол эле курактагы күйөөсү каза болгон аялдардан да жогору.

100 жаштан ашкан 50 чоң атага 6 дан кемпир

Жашоого чыдамдуулугунун айынан аз төрөлсө да, кыздар узак жашап, 35 жаштан өткөндөн кийин эркектерден көбүрөөк болгонго жетишет. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда 35-65 жаш арасындагы эркектердин өлүмү аялдарга салыштырмалуу 3 эсе көп. Андан тышкары аялдарга караганда эркектер оор оорулар менен дээрлик 2-3 эсе көп оорушат. Жыл сайын аялдардын саны көбөйүп  отуруп 85-89 жаштагы 1  чоң атага 2  чон апа туура келип калат .

Жок дегенде 100 жаштан жогорку жаштагыларга биз айтып жүргөн 1 жигитке 7 кыз формуласы туура келет бекен? Тилекке каршы, 100 жаштан жогору 50 чоң атабыз болсо, 295 чоң апабыз бар экен.1 жигитке 7 кыз деген пикири бул жерде да суу кечпей калды. 1 чоң атага 6 чоң апа десек болчудай экен.

1960-жылдагы изилдөөдө  75 өлкөнүн ичинен 6 өлкөдө гана эркектердин жашоо узактыгы аялдардан узагыраак болгон. Алардын бешөө Азия өлкөлөрү  Индия, Пакистан, Камбоджа, Цейлон, Кытай жана африкалык - Жогорку Вольта. Мына ушинтип жашоо узактыгы кыска болгон эркектерибизге ичибиз ачып, чоң аталардын санын кантип көбөйтөбүз деп ойлонуп атканыбызда, Социалдык өнүктүрүү министрлиги эркектерге психологиялык кызмат көрсөткөн кризистик борбор ачууну пландоодо деген кубанычтуу кабар келип калды
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   28 Май 2014 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кыргызстанда Нарын областында гана эркектер аялдарга караганда кобуроок басымдуулук кылат. Калган областарда аялдар кобуроок.
Негизи туура эркектер коп торолот, бирок организми слабый болгондуктан чарчап калышат экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Май 2014 - 12:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Aygul , курамы окшош сайтты жарыялоого тыюу салынат! 3 күн БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Oriflame   28 Май 2014 - 19:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 21 Май 14
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2016 22:55

Дүйнө жүзү боюнча эркектер көп болсо, Кыргызстанда аялдар. Эмнеге анда кыргыз кыздарын башка улуттун балдарына кызганышат? Кызык! Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   toha   28 Май 2014 - 21:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 715
  • Катталган: 03 Февраль 07
  • Соңку аракети: 11 Май 2025 10:00
  • Телефон:0543224312
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Белгисиз

Просмотр сообщения Oriflame (28 Май 2014 - 16:09) жазган:

Дүйнө жүзү боюнча эркектер көп болсо, Кыргызстанда аялдар. Эмнеге анда кыргыз кыздарын башка улуттун балдарына кызганышат? Кызык! Сүрөт

Чындап эле неге? Кыздар неге башка улутундагы жигиттерге кызыгасынар?
ЭХ ЧИРКИН ДYЙНӨ!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   gulperi.kg   28 Май 2014 - 22:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 235
  • Катталган: 03 Апрель 12
  • Соңку аракети: 03 Фев 2022 19:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ммм казак жигиттерге кызыгышым мумкун бирок башка улуттун жигиттери кызыктырбайт кыргыз жигиттеринен отору жокко деп ойлойм Ал эми корей жигиттери сулуулугу гана болбосо кыздарга окшош назик корунот.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 22:22

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Ошондо эмне дегинер бар? Эки эркек бир кызга уйлонсунбу? Деги кандай проблема болуп жатат? Же эмне кыздар аз болуп кризиз болуп жатыптырбы? А балким тиги гей, лесбиянкалар кобойгонунондур сойкусун жазбай эле коёюн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   antiwithin14   28 Май 2014 - 22:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Янв 2019 22:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак калпактуу Ала-Тоо

Просмотр сообщения kanat4ik (28 Май 2014 - 12:07) жазган:

Кыргызстанда Нарын областында гана эркектер аялдарга караганда кобуроок басымдуулук кылат. Калган областарда аялдар кобуроок.
Негизи туура эркектер коп торолот, бирок организми слабый болгондуктан чарчап калышат экен.


Канат байке билдируулорунуз маанилуу экен. Тиги Нарын областы боюнча маалыматынызды кененирээк жаза кетсениз,мумкун болсо. Себептери менен болсо жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   glaz_almaz   28 Май 2014 - 23:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 15 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 22:56

«В общей численности населения республики в целом преобладают женщины. На начало 2014 года 2 миллиона 856,6 тысяч составили мужчины и 2 миллиона 920 тысяч – женщины. На 1000 женщин приходилось 978 мужчин», — говорится в отчете.

Дисбаланс полов начинается с отметки старше 35 лет. В возрастной категории старше 80 лет численность женщин почти в 2 раза выше, чем мужчин.

В целом, Кыргызская Республика отличается молодым составом населения. На начало 2014года из 5 миллионов 776,6 тысяч человек 1 миллион 895,3 тысяч человек (32,8% от общей численности населения) составили дети и подростки, 3 миллиона 488,1 тысяч человек (60,4%) – лица в трудоспособном возрасте и 393,2 тысяч человек (6,8%) – старше трудоспособного возраста
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   beknur95   29 Май 2014 - 09:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 95
  • Катталган: 21 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2018 08:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Убактылуу Бишкек

Бул эч кандай мааниге ээ эмес,кыз-жигит бактылуу болсо болду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   tokitok   30 Май 2014 - 12:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 272
  • Катталган: 01 Август 11
  • Соңку аракети: 08 Авг 2023 21:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

статистика го статистика бирок крда кайда барбагын аялдар коптук кылат го мектепти эле алалы деерлик бардык класстарда кыздар коптук кылат эркектерден а кытайда кыздар жетишпегени да корунуп турат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   VANCOUVER   01 Июнь 2014 - 19:35

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Теппетен эле. Жаш убакта тескерисинче эркектер бир аз коптук кылат. Картайганда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашашкандыктан, аялдар саны басымдуулук кыла баштайт экен.

Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   kazybek3001   01 Июнь 2014 - 19:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 31 Май 2020 00:01
  • Жынысы:Эркек

Озум коргон далил. М: менин мектебим. 1-класстан баштап 11-класска чейин алсам. Ар бир класста кыздар коп окушат. Анда ошол балдар кайда? Коп болсо. Же 17 чыкканча эркектер уйдон чыкпайбы? Болбогон кеп. Коруп турган нерсени жалганга чыгарып жатасынар. Кыздар чынында коп. Жожону кузундо сана. Торот уйдон эмес, мектептен санасан канча экенине так жооб аласын.
АТА-ЭНЕ ыйык барынан унутпайлы!!! ... Жакындардын конулун оорутпайлы! !!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   VANCOUVER   01 Июнь 2014 - 20:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Кээ бир класстарда тескерисинче эркектер копда. 6 7кыз болсо калганы жалан эркектер. 1% 2% айырма болуусу мумкун. Андан ото эле ашып кетпейт.

Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   kazybek3001   01 Июнь 2014 - 20:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 31 Май 2020 00:01
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения VANCOUVER (01 Июнь 2014 - 20:13) жазган:

<br />Кээ бир класстарда тескерисинче эркектер копда. 6 7кыз болсо калганы жалан эркектер. 1% 2% айырма болуусу мумкун. Андан ото эле ашып кетпейт.<br />
<br /><br /><br />мен жашаган райондун 13 мектебинде ушундай деп атам сен жакты айткан жокмун кечиресин. (ушинте бересинер анан)
АТА-ЭНЕ ыйык барынан унутпайлы!!! ... Жакындардын конулун оорутпайлы! !!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   VANCOUVER   01 Июнь 2014 - 20:31

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Половая структура населения мира
.
Половая структура населения, т. е. соотношение в нем численности мужчин и женщин – важный показатель, влияющий на многие демографические процессы, в особенности на брачность, а через нее – на рождаемость и естественный прирост населения. С некоторой степенью условности можно, видимо, говорить о нормальной и нарушенной половой структуре населения.
Нормальная половая структура формируется прежде всего под влияниемполовой дифференциации смертности. Уже давно установлено, что среди новорожденных на 100 девочек практически всегда приходится 104–107 мальчиков. Но это базисное соотношение с течением времени постепенно видоизменяется из-за различий в уровне смертности мужчин и женщин. Уже к брачному возрасту оно примерно выравнивается, а затем перевес женщин начинает неуклонно возрастать. Это объясняется как повышенной смертностью среди мужского населения, так и большей средней продолжительностью жизни женщин (впрочем, в ряде случаев – когда положение женщин в семье и обществе отличается особым неравноправием – смертность среди них оказывается более высокой). Если подобное нарушение в соотношении полов не очень велико, его можно считать нормальным, не таящим в себе большой угрозы для процессов воспроизводства.
Нарушенная половая структура возникает тогда, когда закономерный ход ее формирования подвергается каким-либо внешним воздействиям. Главную роль среди них играют два фактора – войны и внешние миграции. Понятно, что потери в войнах бывают особенно значительными среди мужчин. Во внешних миграциях они также всегда принимают более активное участие.
Для всего мира соотношение мужчин и женщин (если учитывать все возрасты) на протяжении последних десятилетий изменялось в направлении постепенного увеличения мужского населения. Это нашло отражение как в долевых (процентных) показателях, так и в обычно применяемом для этой цели показателе количества мужчин на 100 (или 1000) женщин. В 1950 г. в мире на 100 мужчин приходилось 99,7, а в 1960-м – 99,9 женщин. В 1970 г. их соотношение практически сравнялось, а затем перевес мужчин стал устойчивым: 101 мужчина на 100 женщин в 1980 г., 101,5 на 100 – в 1990 г.
Но при этом различия между отдельными крупными регионами были и остаются довольно значительными(табл. 43).
Из приведенных в таблице 43 данных со всей очевидностью следует, что в СНГ, зарубежной Европе и Северной Америке преобладают женщины, в зарубежной Азии – мужчины, а в Африке, Латинской Америке, Австралии и Океании сохраняется соотношение между полами примерно на уровне «фифти-фифти». В каждом отдельном случае подобные различия вполне объяснимы.

Билдирүүнү түзөткөн: VANCOUVER: 01 Июнь 2014 - 20:33


Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   VANCOUVER   01 Июнь 2014 - 20:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Таблица 43
ПОЛОВАЯ СТРУКТУРА НАСЕЛЕНИЯ МИРА В КОНЦЕ 1990-х гг.
* Без стран СНГ.


Значительное преобладание женщин в населении стран СНГ объясняется прежде всего последствиями Первой и Второй мировых войн, а также очень существенным превышением средней продолжительности жизни женщин в большинстве из них. Примерно те же причины, хотя и в несколько сглаженной форме, повлияли на половую структуру населения зарубежной Европы. Что же касается Северной Америки как региона относительно новой колонизации и массового притока иммигрантов (преимущественно мужчин), то в течение длительного времени мужское население в ней преобладало. Но постепенно, по мере увеличения зрелости возрастного состава населения, сначала в США, а в 1970-х гг. и в Канаде наметился уже перевес женщин. Особенно это относится к старшим возрастам.
В зарубежной Азии, напротив, почти повсеместно преобладают мужчины. Особенно значительный перевес мужского населения характерен для Восточной и Южной Азии, но он наблюдается и в Юго-Западной, арабо-мусульманской, ее части. В какой-то мере это – результат многовекового приниженного положения женщины в семье и в обществе. Большая восприимчивость к болезням и более высокая смертность женщин были обусловлены ранними браками, частыми родами, недостаточным питанием, постоянным тяжелым трудом на работе и дома. Социальные преобразования последнего времени еще только начинают сказываться на половом составе населения.
Для стран Африки резкие колебания полового состава не характерны. В подавляющем большинстве из них численность мужчин и женщин примерно равна. Все же в северной, арабо-мусульманской, части материка наблюдается некоторое преобладание мужчин, тогда как в остальных субрегионах преобладают женщины. Коррективы в общую картину вносят и трудовые миграции. В странах, куда они направлены (ЮАР, Замбия), преобладают мужчины, а в странах – поставщиках мигрантов (Ботсвана, Малави) – женщины.
В Латинской Америке, как и в Африке, численность мужчин и женщин примерно равна. Больших различий в половой структуре здесь нет и в отдельных странах. Хотя почти во всех из них теперь преобладают женщины, перевес этот очень невелик.
В Австралии и в Канаде, как в странах продолжающегося массового притока иммигрантов, мужчины преобладали до начала 1970-х гг. Затем наметился небольшой перевес женщин.
Естественно, что различия в половой структуре населения между отдельными странами проявляются еще отчетливее. Если следовать принципу «самый-самый», то логичнее всего выделить страны с наибольшим перевесом одного из полов


Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   VANCOUVER   01 Июнь 2014 - 20:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 12 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Июл 2015 12:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Таблица 44
ПЕРВЫЕ ДЕСЯТЬ СТРАН МИРА ПО ПРЕОБЛАДАНИЮ МУЖСКОГО И ЖЕНСКОГО НАСЕЛЕНИЯ


Анализ таблицы 44 позволяет сделать не только важные, но и интересные с географической точки зрения выводы.
Большинство стран с преобладанием мужчин составляют нефтедобывающие страны Персидского залива и Бруней, отличающиеся прямо-таки экстремально большой долей мужского населения. Об этом же свидетельствуют показатели численности мужчин, приходящихся на 100 женщин, которые в Катаре, Кувейте и ОАЭ превышают 170 человек! Такая удивительная диспропорция полов объясняется массовой иммиграцией в эти страны рабочей силы, преимущественно мужской. Но, разумеется, в абсолютных показателях перевес мужчин особенно велик в странах-гигантах Китае и Индии, где на 100 женщин приходится 106 мужчин. В конце 1990-х гг. перевес мужчин над женщинами в Китае достигал 23 млн, в Индии – 36 млн, в Пакистане – 4,2 млн человек.
Страны с преобладанием женского населения отличаются еще большим территориальным единством, за исключением Венгрии все они недавно еще входили в состав бывшего СССР. Чтобы еще нагляднее представить степень деформированности половой структуры в этой группе стран, можно добавить, что в Латвии, например, на 100 женщин приходится всего 84 мужчины, на Украине – 87, в Белоруссии – 89. Но при этом нужно, конечно, иметь в виду, что женщины количественно преобладают и во всех других странах Европы.
Россия также входит в эту группу стран. В целом численность женщин здесь более чем на 10 млн превышает численность мужчин, причем эта диспропорция полов фактически не сглаживается: в 1989 г. на 1000 мужчин приходилось 1140 женщин, а в 2006 г. – 1158. Но за этими общими показателями скрываются очень большие возрастные различия. Статистика свидетельствует о том, что в возрасте до 35 лет преобладают мужчины, а далее начинается все возрастающее преобладание женщин, которое в группах населения в возрасте 70 лет и старше достигает трехкратной величины – прежде всего в результате значительно большей средней продолжительности жизни у женщин. В России наблюдаются и большие региональные различия в половой структуре населения. Так, перевес женщин особенно характерен для крупных и крупнейших городов, а также для сельской местности центральных районов страны.


Убакыт учкан куш



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Angel92   01 Июнь 2014 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Даа,мен да уккам,эркектер коп торолот,бирок, узак жашавайт деп.
Ал эми биздин мектепте деле эркектер коп,кыздарга караганда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aygul   08 Июнь 2014 - 14:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Кээ бирлер 1 эркекке 3 аял туура келет дегендер 100 пайызга адашат, андай болуш учун 25 эркекке 100 аял туура келиш керек Кыргызстанда, жада калса Россияда да андай эмес 87 кишиге 100 аял туура келип атпайбы.
Ошентип айтып, жазгандарды коруп эле жыга чапкым келчуу. Коп аял алгысы келип эле каяктагы жок нерсени чыгара беришет.

Билдирүүнү түзөткөн: Aygul: 08 Июнь 2014 - 14:20

Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Июл 2025 02:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: