Суперстан: Кудай бир сактады.. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кудай бир сактады..

#101 Пользователь офлайн   General.kg   15 Ноябрь 2017 - 17:25

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

АЛЛАХЫМА миң мертебе ыраазымын! Чексиз шүгүр бир нече жолу эмес дайым сактайт себеби менин бардык өмүрүм анын колунда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   Romantik.   15 Ноябрь 2017 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 741
  • Катталган: 21 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 13 Авг 2024 04:51
  • Жынысы:Эркек

Ойлоп корсом коп олумдон аман калыптырмын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Bek_abad   16 Ноябрь 2017 - 00:20

  • Супер-активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 467
  • Катталган: 14 Август 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2025 21:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва (Жалал-абад)

2014 Москвага эми келип иштеп жургондо ток артып кетейн деген 380ди очурбой эле кыркып калган экенмин салюттай атылып чыккан.. Кудай сакьаган коп жолу. Анан кичине маалымда ооруп жаткан экенмин врач оорукчан болот или олуп калат деп апамды ыйлаткан экен. Анан эле Кудай шыпаа берип ошондон бери айгырдай журом омуру ооруй элекмин ошондон бери. Кудай сактап шыпаасын берип апамды дуаларын кабыл алып жашам журом чексиз шугур...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   Musabaeva.   16 Ноябрь 2017 - 00:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 773
  • Катталган: 22 Март 16
  • Соңку аракети: 10 Сен 2019 22:16

Кудай бир сактаган, эки жолу машинанын астында калып кетейн дегем :wacko:
Мен ар дайым өзунө "ЖАЛГЫЗЫҢ"болгум келет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   16 Ноябрь 2017 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

3 жылдан бери бир азердин уйуну жыйнайт элем. Мен келгенде эшикти сыртымдан култап 2 сааттан кийин келчу. Ал келгиче жайнап кутуп отуруп калчумун. "Здрасти до свиданиядан" башка ашыкча созубуз жок эле. Даж майрамдарда бир жолу дагы "с праздником" деген эмес. Иши кылса адатымча уйуну жыйнаганы келдим. Иштеримди бутуп курткамы кийип айтсам, келип калды "ниче себе какая фигура! Фитнеске барасынбы?" деп кухнясына кирип кетти менден жооп кутпойле. Ушунча жылдан бери биринчи жолу ашыкча суйлогонуно тан калдым.
Кухнядан чыгып кучактап баштады. Журогум оозума келип, олгонум ушул экенда деп козум алайып калды. Бир нече секунда озумдун жанымы кыйганым, апамын боздоп ыйлап атканы, элге уят болуп баланчанын кызы дегендер коз алдыма келди.
Тв.дан кордумбу же инеттен окудум беле, иши кылса "ошондой ситуацияда паника кылбай озуну колго алып, ашыкча аракет кылбаш керек. Канчалык каршылык корсотсон, ошончолук дуулугот" дегени эсиме тушту.
Канчалык коркуп титиресемда, озумду жоготпогонго аракет кылып, муздай катып, козуму жумуп алдым, мага кызыксыз болгондой турдум. Ашыкча дем алсам эле басып алчудай сездили, унчукпай катып турдум.
Экообуз коридордо турабыз, мойнуман жыттап обуп, кулагыма "не унчукпайсын? Сага кызык эмеспи? Коптон бери жагасын, ты не хочешь что-ли" деп иши кылса ушундай создорду айтып атты. Мага карап спальнийге кеттик деди. Озуму колго алып, козуму ачып козуно тике карап "мен каалабайм мага тийбениз! ? Сиз деле мусулмансыз! Ушул убака чейин жон иштеп келдим эле деп, тиштенип мен каалабайм" дедим. Мени узаак карап туруп "кечирип кой?" деди. Уйунон аткан ооктой чыктым. Лифтке карабай тепкич мн туштум. Подъезден чыкпай оксуп окуп ыйдадым. Жанагы жанында унчукпай турганым эми чыкты окшойт, калтырап титиреп баштадым. Ушундай жашоо экенине иши кылса бир тогулуп алдым. Ошондон кийин ал уйго барбадым.
Андан эки жыл откондон кийин ушуга окшошурак окуя дагы кайталанды. Ал убакыт чилденин чилдеси январьдын башы болчу.Бул ишите сутка иштеп, сутка дем алчумун. Сотрудниктер кечки саат 10-до жабып, саар 7-те келип ачат эле. 2 этаж зданияда жалгыз озум калчумун. Ошентип иштеп жургон кундору, адаттагыдай иштеримди бутуп саат 4то жаттым. Кухнядагы диванга жатчубуз. Бир убакта эле бироо кармап, сыйпап баштады. Чочуп кеттип козумду ачсам карангы, эч нерсе корунбойт, эч нерсе тушунбойм, не болуп кеткенине башым ман. Мен оозуму ачкыча сотрудник "мен, мен бул паланча коркпо" деди. Нес болуп, не болуп кеткенине тушунбой калдым, ал жаныма отурду, мас экенин сразу тушундум. Дагы эле карангы, дагы эле не болуп атканына акылым жетпейт, каерде экеними деле андай албайым. Анан ачык эле "сен каалабайсынбы ххх?" деп сурады. Ошондо баягы окуя эске тушту. Озуму колго алып, эч нерсе кызыктырбагандай, бул окуя мага тиешеси жоктой озуму муздак корсотуп, спокойно кармадым озумду. Айтмакчы ал сотрудник дагы мусулман болчу татар. Мен "бизге куйоого тийгиче болбойтго! Аны жакшы билесиз! Мен кызмын" дедим. Ал "ыымм ооба. Анда жонле жанымда отурчу" деп колумду кармап отурду. Коркуп турсам дагы ашыкча дем албай отурдум. Оюма келбеген нерсе калбады. Суу ичимиш болуп турайын десем "каяка" деди "суу ичкени" десем озунун тилиби кандай тил билбейм "оттырр" деп башкача тондо айтты. Унчукпай отуруп калдым, дагыле карангы, бирок кичине карынгылыка козум коно тушуп, стол, холодильниктер корунуп аткандай болду. "Болуптур суу ичип алайын, суу мына жердего? деп эптеп бошонуп, кружкага жеттим, тазале кружканы чайкамыш болуп тура бердим. Кружаканын жанында бычактар барле, ошону алып "жолобо" десемби анда олтуруп алсамчы? Анан не болот? дегенда ойлор келди. Чайкап бутуп, кулердин жанына келип суу ичип отуруп калдым. Журогумдун дукулдогону озумо кадимкидей угулуп турду. Ичимден Кудайдан жалынып жалбарып суранып атамын. Келмени токтоосуз айтып отурдум. Ордумдан турсам "каяка?" деди "бетими жууп алайын" десем "ну давай мен сени кутомун" деди. Ошол карангылыктагы минуталар, омурумдун акыры деп, омур мн кошотушуп аткандай болдум. Калп эле сууну агызып ойлонуп турдум. "Жугуруп экинчи этажга чыгып кетсемби? Экинчи этажда каяка жашынамын? Айнекти ачып тун ортосу кимден жардам сурайм? Не болсо ошол болсун айнектен секиресмин" дедим. "Кокус суукта тонуп олуп калсамчы? Не болуп олуптур десе? Апам которо албайткго? Кошуналар не дейт?" деп айтоор оюма келбеген нерсе калбады. Бетимди жууп келип, кулердин жанына отурдум кайра суу ичимиш болуп. "Кел жаныма?"деди. Унчукпай отура бердим, кын десемле олгонум ушул дедим. Ал дагы отурат унчукпай, мен дагыле кулердин жанындагы диванда отурамын жылбай. Унум Кудайга жетти корунот "макул, эс ала бер. Мен наркы жака(косметология) барып жатамын деп чыгып кетти. Ал чыккандан кийин да ордумдан жылбай отурдум. Ресепщинден ключту алып, косметологияны ачканы угулуп атты. Туруп светти жандырсам очук экен. Шумшук автоматтан очуруп койгон экен. Автоматтан жандырып саатты карасам 5:20 болуптур. Ошондогу акыбалымды тушундуро албайм. Башталдыго шоковой состояние, титиреп калтырап ыйлап баштадым. Же токтоно албайм. Бетими муздак сууга дагы бир жууп озумо келгенсидим. Ушул нерсе менде болдубу деп титирегеним токтобойт. Кайра кухняда жатмак тугул отургум келбейт. Бут кийимди чечип, аста бутумун учу мн экинчи этажга чыктым. Клиенттер кезек кутуп отурган жерге жаттым. Козумду жумганым мн уктай албадым. Уктасам эле келип басып алчудай. Саат 7-де админ келди. Мен 2-этажда журо бердим тушпой. Создору даана угулуп атты "Марина мн урушуп кеттип, бияка жатканы келе бердим" деп айтып атты(Марина дагы админибиз, экоо бирге жашашчу) Корсо ключту Маринадан алыптыр, урушуп ичип алганын айтып берип кошотошуп кетти. Ошол куну каттуу чочуган окшойм учук чыкты. Кийин бир сменадан кийин сменибиз дал келди. Саар эч нерсе болбогондой "привет" дейт. Унчукпадым кундузу ал кухняга кирсе мен кирбейм, ал отурган болсо да кирбейм. Анча мынча суйлосо игнор кылып, укпаган адамдай журдум. Ал дагы кийин суйлобой, мендейле игнор кылып иши кылса, бири бирибиз мн ишибиз жок болуп калды..
Мен бул жонундо эч бир жанга ооз ачкан эмесмин. Себеби 15 жылдан бери иштеп, эн коп клиенти бар, прибыль алып келген адамды эч качан айдап салбайт болчу. Мени иштен кетириши толук мумкун. Кайра иш издеп, антип мынткенге менде убакытта, шарт дагы жок болчу.
Ошол окуядан кийин, сотрудниктер кеткенден кийин кухняга кире албай журдум. Кирсем эле чыкпай калчудай. Саар 6-да туруп, 7-ге чейин админ келгиче жыйнап койчумун кухныны.
Кечинде иштерими бутуп косметологияга жатып алчумун. Саар админдер келгиче косметологияны култап ключту ордуна коюп койчумун.
Ошентип ал кундор дагы отту..
"Не кереги бар, чыгып кетип башка ишке иштебейби?" дегендерда болушу мумкун. Жок ал окуядан кийин 1,5 жыл ошол жерде иштедим. Себеби иш женил болгону учун, суткадан чыгып экинчи ишке барчумун. Сотрудниктер баары жакшы болчу. Башка жакта иштегеними билишкендиктен, кундузу иш аз болгондо бош кабинетте уктап ал дешчу.
Аллахыма мин мертебе шугур! Мусапыр болуп жургон кундору, озу мени сактады!

Билдирүүнү түзөткөн: tavanova.sarah: 16 Ноябрь 2017 - 18:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   kaidasyn   17 Ноябрь 2017 - 00:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Менде да коп учур болгон олумдон калган,6-7,чи класстарда тоого барып чукур жеп артынан суу иче берип ач карын уйго зорго келгенмин.Алсырап алым калбай калган ал куну эптеп жатканмын эртеси мурун канай баштады эч токтобой,токтоор бекен деп чалкаман жатып ичке жута берген экенмин болницага барбай эле жаттым ал куну да,андан эртеси куну анан барганмын болницага врач коруп бара бер баары жакшы деп кетирип ийди кабинеттен чыгып болницанын алдына чыкканда эле кусуп ийдим,чоон чыпалактай уюган кандарды жутуп алган экенмин баары чыкты.Ошол боюнча эсимди жоготупмун. Ошол куну 4,5 саатта глюхоза сайып зоорго эсиме келтиришиптир. Ал учурда депутаттык шайлоо бир округдан болчу эле Нургазы Айдаров ошол куну биз жака агитацияга барган экен 10 кундук болницада жаткандардын акчасын баарын толоп койгон..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   vavilon.   17 Ноябрь 2017 - 01:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Ойлоп корсом мени коп жолу ото кооптуу учурларда Кудай сактап журуптур, азыр ошол кундорду ойлосом журок дирилдеп кетет "кантип чыгып кеттим ал кырдаалдардан же аман калдым" деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   kaidasyn   17 Ноябрь 2017 - 01:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 018
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 20:04
  • Жынысы:Эркек

Андан кийин 8-9,класстарда тоого отунга кетип атып 10,15 тей адам "Газик 52" машина менен 2000,метрдей тоодо баратып беттен скорушту алмаштырып атып тормузу иштебей аркага 50,100 метрдей кетип арчага такалып токтоп аман калганбыз. Аллага шугур мин мертебе коп эле жолу сактаган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   jizn_voram   18 Ноябрь 2017 - 15:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 821
  • Катталган: 02 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Май 2019 00:35
  • Жынысы:Белгисиз

Кичинекей малыш кезимде ойлоп көрсөм көп өлүмдөн аман калган экем. Анда шок болчуумда). Азыр болсо...
Жакшы эстейм бир эжемдин тойунда кечке маал эле чуркап баратып бир чуңкурга түшүп кеткем. Башым мн сайылып калгам. Кийин эсиме келип турсам эле болницада жатам.
Дагы кече жакында эле Москвада метродо поездди күтүп турсам эле бир мас артымдан келип атайылаппы же кокустанбы түртүп жиберди. Поезддин жолуна түшүп кеткем. Сразу туруп секирип чыктым го.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   UlukbekTalkanbaev01   31 Январь 2018 - 12:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 22 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 21 Авг 2019 02:03
  • Жынысы:Эркек

Эшек араба менен кетип баратып,эшекти болушунча союл менен койгулап келе жаткам. Бир маалда эшекти кыр аркага бир койсом эки арткы буту "отказ" берип эки жакка шпагат отуруп калды. Эшек жыгылганын билем,андан кийин турсам эшектин куйоосундой болуп жанында жатам. Башым ооруп калыптыр,туруп алып чегип алган немедей озумон озум каткырып кирдим. Эшектин жамбашын сузуп кулаган экенмин жыгылганда. 20 сантиметр ары болгондо эшектин ээрин сузуп башым жарылмак экен, 20 сантиметр бери болгондо башым эшектин котуно кирип кетмек экен. Так ортосун сузгонумду карасан. Ошондон кийин эшек арабаны башкарбай калгам. Кудай озу чон сактаган ошондо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Июнь 2020 - 18:50

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Бир нече ай мурун жумушумда кофе машинаны жууп атканда жарылып кетип мени кудай сактады. Жакшы бир аз алыста турат элем, ошол эле куну алмаштырып кетишкен эле жаны коюп. Эртеси келип ызы-чуу менен текшеришти. Алгач камераны карап, кандай жууду дешип андан сон кофе машинаны карашты. Корсо туура эмес коюлуп, замыкание болгон экен. А мен ошол машина менен бир кун кечке кофе жасапмын. Кайра менден сурап коюшат, кантип ток тартпады деп. Жарылганда шок абалда калганым учун тушунбодум эле, кийин анан кудай жакшы эле сактады деп олтуруп калдым...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   aldap-saya   04 Июнь 2020 - 20:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Просмотр сообщения _Jalgyzym_ (04 Июнь 2020 - 18:50) жазган:

Бир нече ай мурун жумушумда кофе машинаны жууп атканда жарылып кетип мени кудай сактады. Жакшы бир аз алыста турат элем, ошол эле куну алмаштырып кетишкен эле жаны коюп. Эртеси келип ызы-чуу менен текшеришти. Алгач камераны карап, кандай жууду дешип андан сон кофе машинаны карашты. Корсо туура эмес коюлуп, замыкание болгон экен. А мен ошол машина менен бир кун кечке кофе жасапмын. Кайра менден сурап коюшат, кантип ток тартпады деп. Жарылганда шок абалда калганым учун тушунбодум эле, кийин анан кудай жакшы эле сактады деп олтуруп калдым...


Ким себеп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   05 Июнь 2020 - 01:17

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aldap-saya (04 Июнь 2020 - 20:07) жазган:

Ким себеп

Сиз себеп болду. Сиз менен суйлошуп алаксып машинадан алыста турган элем))

Адашпадым тандап сени бактым деп,
Кыялдагы коксогонум таптым деп.
Эркелетип суйуп турсан кубанам,
Мен ханыша, а сен ханым тактым деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   alisha00   05 Июнь 2020 - 19:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 166
  • Катталган: 19 Сентябрь 17
  • Соңку аракети: 03 Окт 2024 01:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жүрөгүмдө жашайм )

Кудайдын сүйгөн пендеси окшойм Субханаллах бир да жолу өтө оор кырдаалга учураган жокмун. Жашоом тептегиз шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   Sakura715   05 Июнь 2020 - 21:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 291
  • Катталган: 07 Ноябрь 19
  • Соңку аракети: 12 Фев 2022 22:24

9- классты бүтө бергенде,биз да бутуруучубуз деп,мугалимдердин чектегенине карабай жакынкы айылдагы көлгө кетип калганбыз классташтар менен.Суудан корксом дагы сууга түшкөн жакчу.Болушунча жээгинде эле түшүп жаткам,бутум тайып эле терең жерине барып калгам. Сүзүүнү билбейм,жээкке талпынам деп кайра ого бетер тереңге тартыла бергем.Толтура суу жутуп алган соң, өзүмдү уже өлдүм деп көз алдыма жашоом тартылган.Ата- энем бир туугандарым баарысы...Аз убакыттан кийин классташтарым араң алып чыгышкан.Ошол окуядан кийин суудан ого бетер коркуп калгам, көлдү көрсөм ошол чөгүп кеткеним көз алдыма келе берет. Шүгүр кылам Кудайга,азырга дейре аман эсенмин)))))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   Merelisha   07 Июнь 2020 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 430
  • Катталган: 29 Июль 17
  • Соңку аракети: 15 Фев 2022 11:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош&Жалал-Абад

Кышында комнатада тел чукуп жатсам эле ,уй жылыткан печка тарс ,турс эле жарылып, от алоолоп куйуп баштады. Журооогум тушуп ыргып туруп эле автоматты очуруп кирсем дагы эле куйуп атат,комната ыыыыш,капкара, сассыыыык(( уф уф деп эптеп очурдум. Карасам айнектин тубундо экен,занавесканы ойдого билгендей илип коюпмун,если илбегенде лааау этип эле уй орттонуп кетмек экен. Ушу ток жаман опасный да айрыкча биздин уйдо.

Билдирүүнү түзөткөн: Merelisha: 07 Июнь 2020 - 16:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 04:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: