Суперстан: "Байчечек", Мурза Гапаров - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Байчечек", Мурза Гапаров (Аңгеме)

#1 Пользователь офлайн   Aitunuk   15 Август 2013 - 17:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Кыргыз адабиятында өзүнүн мыкты чыгармалары менен олуттуу орунду ээлеген жазуучулардын бири - Мурза Гапаров. Ал - бир топ повесть, пьесалардын автору болуу менен бирге, чебер аңгемечи. Адабиятта, дегеле коомдо "маңкуртизм" маселесин көтөргөн Ч.Айтматов деген пикир бар. Бирок, ага чейин эле бул маселени М.Гапаров өзүнүн беш беттен турган аңгемесинде көтөргөндүгүн көрөбүз. Ошондуктан, окурман, мен бул жактагы чыгармаларды окуп отуруп, сиздер менен Гапаровдун бир нече аңгемеси менен бөлүшкүм келди.

МУРЗАГАПАРОВ



БАЙЧЕЧЕК (аң геме)



Телефон шыңгырап атты...

Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып,араң ойгонду.

Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маалэкени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордунгүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да...

“Беймаалда телефон чалган ким?Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт... ”

- Эй, телефон шыңгырап атат, -деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгонобербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды.

- Алоо...

- Бул Ысаковдун үйүбү?

- Ооба.

- Ноокат менен сүйлөшөсүз.

Ноокат – мунун туулуп, өскөнрайону эле. Ал жакта анын көп сандаган тууган-уруктары жашайт: атасы, апасы,ага-инилери, эже-карындаштары, жеңелери... Таэнеси. Бирок алардын эч кимиси минтипбеймаалда телефон чалышчу эмес. Эмне болуп кетти?

Ноокат жакта:

- Алло? – деген эркектин үнү угулду.

Кыяз үндүн ээсин тааныганжок.

- Бул ким? – деп сурады.

- Менмин. Кыяз, - деди ноокаттык. – Жолдошмун.

- Кайсы Жолдош?

Кыяз Ноокаттан кеткенден бери онсегиз жыл жаңырды. Эми ал Ноокатына жылына бир жолу барат да, эки-үч күн туруп,кайра баса берет. Бара-бара элден, жерден жат болуп, жердештеринин кээ биринунутуп да келатат.

- Кайсы Жолдош?

Тигил адам мунун аялдапкалганынын себебин туйду окшойт:

- Жолдош – почточумун, - деп кошумчалап койду.

- А-а, Жолдош аке... – деди Кыяз ошондо гана.

Алардын кыштагында ушундай адам бар эле. Бирок ал кишинин буларга эчкандай жакындык, катнаштык жайы жок болчу. Шондуктан, анын телефон чалышы, болгондо да түндөлөп чалышы, мурдагыдан бетерсырдуу көрүндү.

- Ко-ош, телефон чалып калыпсыз?

- Кыяз, сен бир айылга келип кет, үка: таэнеңооруп калды. Таэнеси мурда деле ооруп жүргөн, кары киши да. Бирок ал жөнүндөминтип зарыл түрдө кабарлап, анын тынчын алышчу эмес. демек, бир адиса болгонкөрүнөт. ..

- Эмне, катуу ооруп атабы? – деп сурады Кыяз, тиги кишиден

түзүгүрөөк маалымат алыш үчүн.

- Кыйла бар, - деди Жолдош почточу. – Келишиң керек.

Демек, бир адиса болгон, - депойлоду Кыяз кайрадан. Бирок аныгын билсе болот эле: эгер ооруп гана атканболсо, бара албайт – эмки жумага чейин авторефератын тапшырышы керек, а айдынаягында диссертациясын коргойт; а кокус, кемпир бир нерсе болуп кетсе, кудаймунун бетин ары кылсын, албетте, анда барууга туура келет. Бирок муну кантипбилесиң. Түз эле: “Өлдүбү?” – деп сурашка оозуң барбайт. Тиги киши, оозу-мурдукыйшайбай туруп сураганын көр деп, жаман көрүп калышы мүмкүн. Кыштактын адамыда.

- Эми кантемин? – деди Кыяз өзүнө өзү, бирок мунусу оозунанчыгып

кетти. – Иштерди эмне кылам?

- Иштериңди эки-үч күнгө коё турасың да, - деди почточу, -деди

почточу. – Келбесең болбойт. Кемпирдин көңүлү ооруйт.

Кыязды үгүттөп аткансый. Жок,кемпир бир нерсе болгон. Болбосо да, акыбалы начар көрүнөт. Ачыгын эле айтыпкойбойбу, жарыктык.

- Ошентем да эми, айла канча.

- Тезирээк эле кел, үка. Бандачилик да...

Ой, ушул кишинин адептүүлүгүөттү! Тумандатып отурбай, өлсө, өлдү

эле дебейби, мусурман.

- Барамын. Түшкө чейин кирип барамын...

Баягыдан үйдүн ичи жарышып,аялынын жүзү, жылаңач көкүрөгү агарып келатты. Аялынын жүзү да, көкүрөгү дасулуу эле. Анын үстүнө жаңыдан эле баш кошуп, али ойноп оюндары кана элек,күлүп күлкүлөрү кана элек маал болучу. Шондуктан, аялын бирпас сүйкүм мененкарап туруп, ошол замат анын койнуна барып жаткысы келип кетти. бироксамолёттордун добушунан улам, барар жери алыс экенин элестетип, кайра өзүнтоктотту. Мунун ордуна, аялын ойготуп, телефондон уккан кабарын, ага каратаөзүнүн кабыл алган чечимин айта баштады.

- Эмне, мен кошо барайынбы? – деп эсинеп койду аялы.

- Кереги жок, деди Кыяз. – Кемпир али өлө элек. Анынүстүнө, сен ал

кишини көргөн да эмессиң. Андан көрө, тынч жатып,уйкуңду уланта бер, айдыңым.

- Жакшы бар. Чыгып баратканыңда, эшикти акырыныраакжапчы. ..

Кыяз анын айтканын кылды.

Аэропортко басып келсе, түшкөчейинки рейстерге билет жок калыптыр. Калп айтууга туура келди.

- Өлүк көмгөнү баратам, -деди ал, муңайым түр менен.

Анан бул калпы жеңил-желпи элеайта салганына өзү да таң кала түштү. Бирок ошол эле замат, а мүмкүн бул калп эместир, чын эле энем өлүпкалгандыр деп, өзүн кайра актап жиберди.

- Айтканыңызды ырастай турган бирдемеңиз барбы? Мисал үчүн,

телеграммаңыз? – деп сурады кассир аял.

Кыяз бул кайгылуу кабарды телефонаркылуу билдиришкенин айтты. Кассир аны ишенип, ишенбей тиктеп туруп, кийинжөнөп жаткан самолётко бир билет жазып берди.

Самолёт бар болгону элүү минутгана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бериФрунзеден эч жакка чыккан эмес. мына эми, шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, алөзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча,түндүк менен түндүктү бөлүп турган тоолордон өтүп баратканда жүрөгү туйлапкетти.

Тоолордун кары кете элек экен.Жакында кетчүдөй түрү жок. тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колотуда жакшы билинбей, агарган бир кең мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат.Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесик оор булуттар калкып жүрөт...

Самолёттон кийин Кыяз так####түштү. Такси аны туура өз кыштагына алып келди. Энеси өлүптүр. Муну ал атасынынэшигине чогулган элди көргөндө эле түшүндү. Көпчүлүк, машинаны бурулуп карапкалды. Кимдир бирөө шашып-бушуп үйгө кирип кетти, ошол замат тынч турган үйдөный угулду. Дагы бирөө топтон бөлүнүп, Кыязды утурлай жөнөдү. Жолдош почточуэкен көрсө.

- Келдиңби, үка? – деди почточу, Кыязга нары-бери колунберип.

- Эми мен эмне кылайын? – деп сурады Кыяз андан, башкакеп-сөзгө келбей туруп.

Ал дароо өзүн жоготуп койду.Бирок күйүттөн эмес, күйүттү али сезе

элек, жөн гана өзүнүн жаңы акыбалынан шаштысыкетип калды. Жашы отуз бешке келип, ал эми өлүм-житим дегенди башынан өткөрөэлек болчу, а бул жерде таэнеси өлүп жатат. Тигинде бир айылдын эли аныжабалактап карап турат. Эмне кылышы керек?

- Ыйлап мени ээрчи, - деди почточу.

Кыяз ээрчирин ээрчиди. Бирок ыйгадаяр эмес эле. Ал өмүрүндө өзгөгө ыйлап көрбөгөн жан. Тигил турган элденсүрдөп, баштагандан тартынып, шыпылдаган почточунун артынан шыпылдап басып кетеберди.

- Өкүр, өкүрбөйсүңбү! – депшыбырады почточу, ага кыйгач кайрылып. Анын сөздөрү жемеге окшоп угулду.

Кыяз бар тобокелге салып:

- Энем-ой, энем-ой, - деп кирди.

Бул сөздөрдү ал жөн гана сүйлөпкойбостон, ыйга мүнөздүү обонго салып, созуп муңдуу кылып айтып атты. Бироккөзүнө жаш келген жок. Шондуктан, курган көздөрүн элден жашырыш үчүн, плащынынчөнтөгүнө колун салып, жүз аарчысын издей баштады. Кол салган чөнтөгүндө жүзаарчысы жок болуп чыкты. Ушул тапта, анын оюн түшүндүбү, кимдир бирөө чуркапкелип, колунан портфелин ала койду. Кыяз бошой түшкөн колу менен башкачөнтөгүнөн жүз аарчысын таап, көздөрүнө тутту...

Почточу экөө ээрчип келип, ыйчыгып аткан үйгө киришти. Адегенде далиске, кийин төркү бөлмөгө өтүштү.Бөлмөнүн ичи караңгы экен, Кыяз босогого чалынып, почточунун далысын сүзүпалды. Ошондо жүз аарчысын жылдыра берип, ыйлап аткандарды чала-була көрүпкалды. Ыйлагандардын баарысы өзүнүн туугандары болуп чыкты: атасы, апасы,ага-инилери, эже-карындаштары, жеңелери... баарысы жалгыз кишилик жыгач сөрүнүтегеректешип, тикесинен ыйлап турушат. Сөрүдө энеси жатыптыр. Соо кезиндебүкчүйүп жүрчү кичинекей кара кемпир, эми буттарын сунуп, боюн түзөп, узунболуп калыптыр. Үстүнө жабылган кара бакмалдан анын эч нерсеси көрүнбөйт. Кыязэнесинин жүзүн ачып көрүшү керекпи, биле албай койду. Жүрөгү эчтеке дебеди, асалт боюнча кандай болорун ал билчү эмес. Шондуктан, энесине эки кадамдай жакынкелип, кимдир бирөөнүн катарына туруп алып, мурдагыдай эле:

- Энем-ой, энем-ой, - деп өкүрө берди.

А көз жашы дагы эле келбей атты.Үйдүн ичиндеги башаламан ызылдап аткандар да таасир этпеди, энесинин суналганжансыз көрүнүшү да жүрөгүн эритпеди.Буга өзү таң калып, жаны ачыды.

Бир маалда бирөө ыйлаган бойдонкелип, анын көкүрөгүнө башын койду. Караса апасы экен. Апасы өзүнүн обондууыйына кара саз кошуп атты. Кара сөздөрү Кыязга тиешелүү болуп көрүндү. Кыяз өзыйынан кичине алаксып, апасынын эмне дегенин кызыгып тыңшап калды. Бирокызы-чуунун арасынан апасынын:

- Таэнеңден айрылдык... – деген сөздөрүн араң ажыратты.

Ооба, таэнемден айрылдык, - депкойду Кыяз да. Тигине, өлүп жатат. А

кишинин бир эле таэнеси болот. Таэнеси деген –апасынын апасы. Демек, өтө жакын киши. Кыяз, албетте, муну түшүнүп эле турат.Бирок акылы менен гана туюп, жүрөгүнө жеткире албай атат.

-Энем – ой, энем-ой...

Апасынан кийин, башка туугандарыда бир бирден басып келип, анын мойнунан кучактап ыйлап, аны менен өздөрүнүнкайгы- муңун бөлүшүп жатышты. Бирок баары биригип да ага өздөрүнүн кайгысын, көзжашын жуткура албай койду. Анын ички дүйнөсү бир караңгы кудукка окшоп, а кудуктаптакыр какшып калгансып туруп алды.

- Энем-ой, энем-ой...

Кыяз эл көзүнө боздоп ыйлап атканкиши болуп көрүнүп, а өз алдынча өзүнүн какшыган кудугуна ным издеп, агакайрадан суу пайда кыла албай жатты. Жасалма жол менен болсо да өзүнүнкөкүрөгүн жибиткиси келди. Бул үчүн ал энесинин ким экенин, анынкыял-жоруктарын эстей баштады. Таэнеси акылдуу, боорукер адам эле.өмүрүндө бирөөгө жаман сөз айтпаган, өзүда бирөөдөн жаман сөз укпаган киши. Бул турмушу түйшүктө өттү бечаранын.Балдарым, балдарымдын балдары деп жүрүп, акыры минтип жаны тынды. Кыязды абданжакшы көрүүчү. Ар келген сайын аны айланып-үйрүлүп, көз жашын көлдөтүп, сагыныптосуп алчу эле.

“Эми сенин балдарыңдын бешигинтерметип жатып өлсөм, арманым жок”, - дечү дайыма...

Кыяздын жүрөгүн бул эскермелер дакозгободу. Ал мурдагыдай эле көз жашсыз ыйлап атты.

-Энем-ой, энем-ой...

Бир маалда тыңшаса, башкаларбасылып, өзүнүн гана үнү калыптыр. Кыяздын дагы башы катты: токтосом бекен, жеыйлай берсемби деп ойлой кетти.

Кудай жалгап, ушул тапта мойсопутадам басып келип, анын жеңинен тартты. Жаңылбаса, бул киши Кыяздын алыс таякесиболушу керек эле.

- Болду эми, балам, - деди таякеси. – Бас кыл.

Кыяз ага ыраазы боло түштү. Алдагы кичине ыйламыш болуп туруп, кийин басылып, кургак көздөрүн аарчып калды.Абышка аны эшикке карай жетеледи.

Эшиктеги элдин айрымдары аныменен унчукпай кол алыша баштады. Алар менен учурашып атканда Кыяз өзүн муңайымкармап атты.

- Келгениң жакшы болбодубу, -деди жанагы таякеси. – Бардык тууган-уруктар келип бүтүп, сени гана күтүпкалганбыз. .. Таэнең болсо кечээ кечинде каза болду. Бир түн түнөдү. Эми алкишини зарыктырбай, тезирээк өз жайына алпарып коёлу.

Таякеси андан уруксат сурапаткансып көрүндү. Ушинтип ойлоп, Кыяз

арсар түрдө башын ийкеңдетип койду.

- Кана, алып чыккыла эмесе!-депбуйрук берди абышка кимдир бирөөлөргө.

Кемпирди эшикке алып чыгып көпчүлүктүнортосуна коюшту.. бир ак селдечен абышка көпкө чейин жаназа окуду. Ошондонкийин кемпирди жайга алып алып жөнөштү.

Жергиликтүү салт боюнча,гөрүстөнгө эркектер гана бара турган. Катындар ызы-чуу түшүп кала беришти.Албетте, үйдөн узаганча, өздөрүн кемпирге жакын санаган эркектер да өкүрүпыйлап барышты. Кыяз үчүн бул дагы бир сыноо болуп, ал андан да өтө албады. Анынкудугу дагы деле какшып турду.

Гөрүстөндө көп күймөнүшкөн жок.Жай даяр экен. Кемпирди дароо эле коё башташты. Ушул жерде Кыяз энесин биркөрүп калгысы келди. Бирок кемпирди ак шейшепке ороп, баш-аягын бууп коюшуптур– арманда калды...

Кемпирди жайга түшүрүпжатышканда, бир боз бала буркурап ыйлап кирди. Агасынын кенже уулу экен көрсө. Баланын ыйы ушунчалык жеңил, ушунчалык күйүттүү чыгыпатты. Кыяз балага таң калып да, суктанып да калды. Бул баланын курагында алшаарга кетти эле. Андан бери он сегиз жыл өтүптүр. Эгер энелери он сегиз жыл илгери өлгөн болсо, алдагы ушул бала окшоп ыйлаар беле...

Көпчүлүк гөргө топурак салабашташты. Бала андан бетер күчөп ыйлады.

Кокусунан асманда газала сайрапжиберди.

Кыяз көптөн бери газаланын үнүнуга элек болчу. Жалт этип асманды биркарап алды. Бирок өзүнүн каерде экенин эстеп, уяла түштү. Дароо бирөөнүнколунан кетмен ала коюп, энесинин үстүнө топурак шилеп калды...

А торгой сайрап турду.

Бала ыйлап атты.

Көпчүлүк кемпирди көөмп болуп,чубалып жолго түштү.

Жаңы гөрдүн алдында боздоп балагана калып калды.

Кыяз бурулуп келип аны ийинденалды:

- Жүр эми...

Энелерин жаңы конушка таштап кетеберишти.

Кыштакка кайтып келгенден кийин,эл бирин-сериндеп таркай башташты.

Кечке жуук үйдө алыс-жакынтуугандар гана калышты.

Кечинде дөңгөк каланган ысыкочоктун боюнда отуруп, баарысы кемпир жөнүндө сөз кылып киришти.

- Бечара энем, Кыязды чакыргыла, Кыязды бир көрүп анан өлөйүн деп

жатып, жан берди, - деди атасы.

Апасы бир калта өрүктүн чагылганданегин алып келип, Кыяздын алдына төгүп койду.

- Өзү чогултуп, өзү чагып, келсе беремин деп сага атапжүрдү эле, -

деди ал, көзүнө жаш алып.

Кыяз баарын мелтиреп угуп отурду.

Эртеси күнү кемпирдин үчүлүк ашынберишти.

Аштан кийин, Кыяз өзүнүнавторефератын, диссертациясын тезирээк бүтүрүү керектигин айтып, атасы мененапасынан кетүүгө уруксат сурады.

-Өзүң бил, - деп койду апасы оорүшкүрүп.

-Барсаң бар, деди атасы. – Баары бир кемпирди тирилтип албайбыз...

Ал кайрадан шаарына учуп кетти.

Эки күндүн ичинде тоолордункөрүнүшү эч өзгөрбөптүр. Асты жактабаягы эле аппак кең мейкиндик мелтиреп жатат...

Бирок бул жолу тоолор да, сууларда, булуттар да Кыяздын делебесин козгободу. Анын көкүрөгү букка толуп, көңүлүчөгүп баратты. Ушул тапта ал бир нерсе ичкиси келди. Бирок ичерине эчтеке жокэле. Чылым чеккиси келип, чөнтөгүнө колун сунду. Бирок сигарет ордуна, колунабир жумшак, муздак нерсе урунду. Алып караса, баягы байчечек экен. Байчечексоолуп калыптыр. Кыяз аны ары-берикармалап, селейип отуруп калды. Анын көз алдына көрүстөн элестеди. Бирпастажүзү өзүнөн өзү кызарып чыкты, деми кыстыга түштү. Ал жийиркенич менен башынбир чулгап алды.

- Кандай айбанчылык. .. – депшыбырады анан өзүнө өзү. – Кандай айбанчылык. .. Кандай айбанчылык. ..

Ал өзүнүн ушул акыбалга келгенинежаны ачыды. Өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Өзүнө өзү боору ооруду. Кокусунан, анынкөзүнө кылгырып жаш келе түштү. Жашы сыгылып тышка чыкты. Бетинен ылдый жылжыпага баштады...

Кыяз көпкө чейин ыйлады. Ыйлагансайын, көкүрөгү жибип, ичиндеги бугу чыгып, өзүн жеңил сезип атты. Үч күнүзарыктырып келген бул көз жашка ал абдан сүйүнүп кетти. Какшыган кудугу жибип ийип, ага кайрадан суу пайдаболуп келатты.

Демек, али кеч эмес экен...



1980

Мурза Гапаров. Экөө ээн бакта.–Б., 2009, 335-342-бб.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 26 Август 2013 - 17:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aybek.shermambetov   16 Август 2013 - 09:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 20 Май 12
  • Соңку аракети: 20 Окт 2016 12:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Shansi

Чыгарма жакшы жазылыптыр сизге рахмат элестетип окудум алыста журсок да бир нерсени ойго салды. Дагы чыгармалары бар болсо улантып койсонуз.Адамдын башында бир олум бар, бирок туруучулукто сыйлай албайсак баары кеч болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   mekenchil_jigit   16 Август 2013 - 11:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 474
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 04 Авг 2018 01:49
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ооба чындыгында таасирдуу чыгарма экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aitunuk   16 Август 2013 - 16:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

МУРЗА ГАПАРОВ

ЭКИ ИРЕТ ГҮЛДӨӨЧҮ АЛМАЛАР (аңгеме, 1963-ж.)

Алардын үйү тар болгондуктан, бала кыш ичи печтин астындагы бурчта мышыкча бүгүлүп, сыры көчкөн полдо жатып чыкты. А качан күн жылып, ачык асмандын алдында жашаса боло турган мезгил келер замат, ал, өзү жыгач складынан кымтып-кумтуп келген, шахтадан чыккан породалардын арасынан чукуп тапкан сынык-сунук тактайлардан кураштырып, отун кепенин жанына кичинекей сөрү жасап алды да, шаардагылардын ичинен биринчи болуп тышта жашоочу болгон. Үстүнө эч нерсенин көлөкөсү түшпөгөн сөрүдө, чак түштө уктап, эс алуу абдан кыйын болгондуктан, бүгүн тобокелге салып, өгөй атасынан абдан корксо да, анын бүгүн жумуштан саат үчтө келерин билип туруп, апасынын зар какшап каршы болгонуна карабастан, үйгө кирип кроватка жатып алды. Жатканда да кийимчен.
Өгөй атасы, анын арык ийнинен жулкулдатып ойготуп алып:
- Эй, ашка жүк, башка жүк, -деди. - Сен жакын арада мени өз үйүмөн да кууп чыгат окшойсуң, а?!
Зааркана карап турган өгөй атасынын жүндүү кең көкүрөгүн, жоон бырыштар баскан бийик маңдайын, коюу каштарынын астындагы заары чачыраган көздөрүн, калың эриндерин бала бир сыйра жек көрүү менен карап чыгып, кроваттан акырын жылып түшүп, эшикке бет алды.
Далиске чыгуучу босогодо, бардыгын көрүп, угуп, эриндери дирилдеп, ыйлап жиберүүчүдөй бүжүрөп апасы туруптур. Качан ал жанынан өтө берерде, тигил анын далысына алаканы менен чап эттире берип калды. Бала буйтап качуунун ордуна, жай бурулуп, апасынын жашы куюлууга даяр турган көздөрүнө:" Бул дагы эмнең? - дегендей тикирейе карап, унчукпай бурулуп, тышка чыгып өзүнүн күнгө кактанып жаткан жайдак сөрүсүнө барды. Сөрүдө дубалдын түбүндөгү примуска коюлган кичинекей ак кастрюлдагы саргыч шорпонун бүлкүлдөп кайнап жатканын карап, бир топко ойлуу отурду. Анан, ордунан чечкиндүү туруп, эки аттам жердеги тар аллеяга өттү. Аллея менен көпкө жүрдү. Кийин оңго бурулуп, темир жолду кесип өтүп, асфальт жолго түштү. Көп өтпөй шаардын чеги бүтүп, созулуп жаткан буудайлуу талаа башталып, бала буудайды аралай кеткен башка бир жолго бурулду.
Жол көптөн бери эч ким каттабаган көрүнөт, жаздагы жамгырдуу күндөрдү эстеткен аттын, арабанын, эшектин, уйдун, жөө кишинин ылайга өтө баткан эски издери жатат. Издерге анда -санда буудай чыгып, алар бышып калыптыр.
Бала бат эле талаага житип кирип кетти. Ошондо ал арт жагынан апасынын өзүнө тааныш сүйкүмдүү үнүн укту.
- Сар - да - ал! - Үн каргылданып, аянычтуу чыкты. Бала бурулуп алыста-алыста, сапсары өскүлөң буудайдын үстүндө сүзүп келаткан апасынын капкара башын, бийик көтөргөн колундагы желбиреген кара жоолукту көрүп, ордунда туруп калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 16 Август 2013 - 17:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Aitunuk   16 Август 2013 - 20:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты


Апасы көпкө чуркады. Акырында анын өпкөсү көөп, кышылдаганы угулуп калды.
- Кайт, Сардал! - деди апасы ушул учурда.
Бала апасынын оюн түшүнүп, ошол замат тыз коюп качып жөнөдү. Эне менен баланын ортосунда куугун башталды.
- Сар-да-ал, кайт!
-Сар-да-ал!
Апасы бат эле чарчап, акырындап кала баштады.
-Сар-да-ал! ..
Бул жолу апасынын үнү узактан угулганын сезип, бала токтоп артын карады.
Апасы тээ алыста, жолдун ортосунда далдайып туруп калыптыр. Уулунун кайра токтогонун көрүп, бир аз кооптонуп, ишеничсиз түрдө алга баса баштады. Ал уулунун кайрадан качышын күтүп, андан көзүн албай келе жатты. Бирок анын ордунан жылбай турганын көрүп ылдамдай басты. Аябай чарчагандыктан, бир жолу мүдүрүлүп катуу жыгылып да алды. Ошондо бүт көкүрөгү, жүзү чаңга булганып турду. Бирок ал жаактарын жаап калган үрпөйгөн чачтарын да оңдобостон, бетин аарчып, көкүрөгүнүн чаңын да күбүбөстөн, көрдөн чыккандай сүрдүү кейпи менен алга басты.
Балага бул таасир этти. Анын жүрөгү бурап ооруп, тамагы буула түштү. Өзү да сезбей селбип кадам шилтеп апасын утурлады. Барган сайын ал жакындай берди. Апасы жакындап, анын топурак болгон коюу каштарынын астындагы туптунук кара көздөрүн даана көргөндө:
- Апа!-деп кыйкырып жиберип, өзүн алга таштады. Апасы да бар күчүн жыйнап, эки колун алга сунуп чуркап жөнөдү. Алар көз ачып-жумганча кошулушту. Анан үстүндөгү асман сыяктуу кең буудайлуу талаанын ортосунда, чөп баскан эски жолдо эне-бала бирин бири бекем кучакташып, бири-биринин жагымдуу ысыгын сезишип, тааныш жыттарын жытташып, көпкө-көпө унчугушпай турушту. Экөө тең көздөрүн жашырып, бири-биринин денесине ысык жаштарын куюлтушуп, секин-секин ыйлап жаткандыктарын жакшы билип турушту.
- Эми... - деди бир кезде энеси, дале баласынын башын өз көкүрөгүнөн бошотпой, - ушинтип чечипсиң, мейли... Бирок, Сардал, атаңа баргандан кийин ага мен жөнүндө айтпай эле койчу?
- Жок, - деди уулу энесинин кучагынан бошонуп. - Айтам. Бардыгын айтам. Сенин жер кепеге окшогон үйүңдү, анын ушунчалык жардылыгын, өзүңдүн ыраңыңдын азгандыгын, кийген киймиңдин жупунулугун, кылган түйшүгүңдүн оордугун, нан жок болуп калган учурларда кирин жууп берип студенттерден акча алганыңды, өзүңдүн ушунчалык жалгыздыгыңды, ооруканада бирге иштешкен кир жуучу аялдардан башка сени шаарда эч ким тааныбастыгын, ушундай абалыңа карабай, күйөөңдүн алган акчасын бүт ичип келип сени ырайымсыз сабаарын - баардыгын-баардыгын айтамын.
Эне көзүнө толуп чыккан жашын сыгып, токтоолук менен:
- Сен минтип мага жардам кылбайсың да, Сардал? -деди.
- Ошондой болсо да...
- Кубатым, сен али көп нерсени түшүнбөйсүң. Эгер билсең, чоң кишилер да жаңылышат. Баарынан жаманы: алардын ар бир катасы өтө кымбат баалар менен төлөнөт...


Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 16 Август 2013 - 20:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Aitunuk   17 Август 2013 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты


- Ох, апа! -деди бала, башын кайрадан апасынын көкүрөгүнө катып. - Биз бир кезде кандай бактылуу элек... Өз атам үчөөбүз... Өзүбүздүн үйүбүз, уюбуз, коргонубуз, багыбыз бар эле... А билесиңби, апа, эки түп алмабыз күзүндө дагы бир жолу гүлдөөчү эле? Билесизби ошону, апа?
-Угу, - деди апасы болор-болбос жылмайып. - Бирок дайыма алардын мөмөлөрү бышууга үлгүрбөй калуучу. Бат эле суук күз келип, анын артынан кыш түшүп...
Анын көзүнө жаш толуп чыгып, анысын балага байкатпас үчүн башын түптүз көтөрүп алыска, алыска карады. Көздөрүндөгү мөлтүрөгөн сууларга күндүн нурлары, аппак булуттар, бозомук тарткан асман чагылыша түштү.
-А эсиңдеби, апа, атам үчөөбүздүн шаарга барып, мага велосипед сатып келгенибиз? Ал азыр ошол бойдон атканада турат. Эгер сенин, сага келгенимде кайра атама жөнөтпөй коёруңду билсем, мен аны ошондо эле шаарга ала кетет болчумун. - Бала бир азга ойго батып унчукпай калды. Кийин деми кысыла:
- Апам-ай, ошондо эмнеге гана уруштуңар экен! - деди. - Бардыгын кылган сен... Болбосо кийин деле жарашып алсаңар болмок. Атам, бечара, канчалык кечирим сурабады сенден? Күйөөгө чыкканыңдан кийин да келип жүрдү. Ал турмак быйыл эле, жакында да келбедиби. А сен болсо...
- Жүрчү, Сардал, - деди апасы терең дем алып. - Сени бир аз узатып коёюн.
Эне-бала бири-бирине ыкташып, үн-сөзсүз жүрүп отурушту.
-Сардал... - деди анан апасы бир топ басышкандан кийин. Негедир кыйналып-кысталып: - Сен атаңа айтчы... Эртең дем алыш... Сени ээрчитип шаарга келсин... Экөөң мени, баягыда сенин жаңы алынган велосипедиңе жел толтурган жерибизде, талдын түбүндөгү супада күтөсүңөр. Куппу?
- Апа... - деди уулу күтүлбөгөн кубанычын жашыра албай.
- Бар, бар эми... - Эне токтоду.
Бала адегенде энесинен көзүн алалбай, беш-алты кадам кетенчиктеп барып, кийин артына улам-улам кылчактап коюп узай баштады.
Эне болсо, жолдун ортосунда далдая туруп, уулу сапсары буудайдын арасына таптакыр сиңип кеткиче андан көзүн албай карап тура берди...
Бала энесинин башы капкара чекитке окшоп, анын жылып баратканы же токтоп турганы билинбей калганча барып, кийин токтоп, ботинкаларын чечип, аларды бири-бирине байланыштырып, ийинине илди да, анан шымын тизесине чейин түрүп алып, астейдил басып жөнөдү.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 17 Август 2013 - 23:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Aitunuk   18 Август 2013 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Анын көңүлү көтөрүңкү болгондуктан, жол катары эргип-эргип чуркап, же аксаң кулак атып ойноп, эс алган жеринде чегирткелерди тиштештирип, буудайдын ичинен көпөлөк же саратан кубалап, жолдон адаша калып жүрүп отурду. Күн отуруп бараткан кезде буудайлуу талаа бүтүп, ал өзүнө тааныш, бийик, коюу камыштар өскөн сазга чыга келди. Ушул жерде буудайдын ичиндеги жол да башка жакка кайрылып, бала камыштардын арасындагы жалгыз аяк жолго кирди. Камыштардын ичинде жаңыдан караңгылык түшө баштап, андагы жапайы өрдөктөр жатар конок издешип, ары-бери учуп жүрүшүптүр. Бала үч-төрт минутадан кийин саздан чыгып, колхозчулардын тамарка жерлерине туш келди. Ал тамарка эгиндерди, кийин кыштактын бактарын, үйлөрүн аралап барып, акырында өздөрүнүн коргонуна келип жетти.
Дарбаза негедир ичинен жабылуу экен. Бала тешиктен карап алмалардын түбүндөгү сөрүдө олтурган кемпирди, очокко от жагып жүргөн жаш аялды, велосипедге жел толтуруп жаткан өзү теңдүү баланы көрдү. Өмүрүндө көрбөгөн бул чоочун кишилер аны аябай таң калтырды. Ал бир топко не кыларын билбей, нес болуп туруп, кийин шымынын багалектерин түшүрүп, ботинкаларын колуна алды да, өзүнүн кичинекей муштумдары менен дарбазаны акырын койгулады. Ошол замат коргондун ичинен кемпирдин шырп-шурп үнү угулуп, көп өтпөй дарбазанын оор чынжырлары шалдырай түшүп, анын алдына ыраң-оройлуу жаш аял келди.
- Арбаңыз... - деди бала аялдан бир аз сүрдөп.
- Бар бол, кел?
- Келдим... Жакып аке үйдө бекен? - Ал негедир "атам" дегиси келбеди.
-Жок. Суу сугарып жүрөт. Эмне, ишиң бар беле?.. Айта бер, мен анын аялы боломун?
Бала аялды тиктеп туруп калды. Ушул учурда аялдын жанына велосипедин жетелеп бала келди.
Сардал баланын жүзүнө карабай туруп, көз кыйыгын велосипедге таштады. Велосипеддин бир аз майышкан рулунан анын өзүнүкү экенин тааныды. Ошондо анын кой көздөрүнө жаш толуп чыгып, муну ал берки жат кишилерге көрсөтпөс үчүн артына бурулуп кетти.
Беркилер бирин бири таңдануу менен карап алышып, анан кайрадан дарбазаны жаап алышты.
Сардалдын ындыны өчүп, коргонду бойлой басты. Бурчка жеткенде көчөнүн баш жагынан дабырап келатышкан уйларды, алардын артындагы чаңдын арасында көчөнү жаңыртып сүйлөп келатышкан балдарды көрүп, тык токтоду. Ал уйларды да, алардын ээлерин да таанып, ошол замат өзүн караңгылыкка тартып дубалга жөлөнүп туруп калды. Анын эски досторунун алдында сууга ыргытылган күчүктөй, аянычтуу бүжүрөп тургусу келбеди.
Обочороок жерден тойгон курсактарын араң көтөрүшүп, сүт жыттанган желиндерин чайпалтыша, турмуштун марттыгына ыраазы болгондой ныксыра басышып уйлар өтө башташты. Балдар Сардалды байкашпады. Алар козу карындын күн күркүрөгөндө чыгышы же чыкпасы жөнүндө талашка абдан алаксып калышыптыр.
Сардал алардын узай түшүшүн күтүп, ордунан жылбады. Ошол кезде анын так төбөсүнөн тили каткан булбулдун "чикак" деген аянычтуу үнү угулду.
Бала карай берип баятан бери байкабаган, дубалдан ашып, мөмөлөрүнүн оордугунан төмөн ийилип турган алма шактарын көрдү. Булар алиги өзгөчө, жылына эки ирет гүлдөөчү эки түп алманын шактары эле... Бала алмалардын ар бир шагын, ар бир чырпыгын сагынып-сагынып карай баштады. Кокусунан, бир нече шактан таңкы жылдыздар сыяктуу гүлдөр көрүндү.
Баланын көздөрүнө кайрадан жаш толду. Эми гүлдөр анын көзүнө булактын түпкүрүнөн көрүнүп жаткансышып, алыстан күңгүрттөнүп, бири-бирине кошулушуп, акырында бир үзүм ичке булутка окшоду...
Бала көз жашын бир сызып алып жолго чыкты. Ал кыштактын үйлөрүн, бактарын, тамарка эгиндерин артка таштап, камыштуу сазга жакындады. Ушул жерден ага бир кара ит жолукту. Ит жолдун четиндеги өскүлөң чөптүн арасында ары-бери чуркап, секирип, коңуз тутуп жеп жүрүптүр.
Сардал аны бир азга тааныбай туруп, анан тааныды. Өздөрүнүн ити экен. Ал баланы байкаган жок. Бала итин чакырып алып, өзүнүн кичинекей кезиндегидей анын мойнунан кучактагысы келди. Бирок анда тигинин таптакыр ээрчип алышынан коркуп, а эгер ээрчисе, ага шаарда жашоо кыйын болорун ойлоп, тим болду. Балага иттин азыркы эркин, эчтекеден бейкапар жүрүшү жагып кетти. "Сен дале бактылуу экенсиң..." - деди ал иттен көзүн албай, жай баратып.
Бирок кокусунан ит аны байкап калды. Ал ошол замат чуркап келип, балага асылып, анын бети-колдорун жыттагылап, кыңшылап ага болгон өзүнүн иттик сагынычын, сүйүүсүн билдире баштады.
Буларды көрүп туруп баланын жүрөгү жибип кетти. Ал бирпаска иттин маңдайынан сылап туруп:
- Кетесиңби мени менен, а? Кетесиңби? - деп сурады.
Ит анын колун жалмалап, куйруктарын шыйпаңдатып жооп бкрди.
- Эмесе, жүр! - деди бала.
Ит чын эле ээрчип жөнөдү. Алар камыштардын арасына киришти. Камыштардын ичи терең, үңкүрлөрдөгүдөй караңгы, тынч экен.
Бала сокурларча жолду буту менен таап, колдорун арбалаңдатып, бетин камыштардан коргоп, акырында буудайлуу талаага чыкты. Ал адегенде буудайдын арасынан өзү келген жолду тапты. Кийин шашпастан шымынын багалектерин кайра түрүп, ботинкаларын ийнине илди, анан, негедир, алды жагында жаткан, капкара деңиз сыяктанган талааны бир карап алып, чарчап, зырылдап ооруй баштаган буттары менен сенделе басып буудайдын арасына кирип кетти.
А ит анын артынан салдырды. Ушул учурда баланын маңдай тарабындагы алыскы тоолор жактан күн күркүрөп, чагылган жаркылдады. А түнөргөн асмандан болсо, буудайдын арасын чегирткелердей шыртылдатып, биринчи тамчылар тама баштады.

"<span style="font-size: 12.727272033691406px; line-height: 19.09090805053711px; background-color: rgb(250, 251, 252);"><b> ЭКӨӨ ЭЭН БАКТА</b>< /span>", - Б., 2009, 310-316-бб.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 20 Август 2013 - 10:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   20 Август 2013 - 10:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Чыгарма тууралуу ойлоруңарды тиешелүү темага калтырыңыздар.
Мындан кийинки авторго таандык эмес билдирүүлөр өчүрүлөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 26 Август 2013 - 12:19

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Aitunuk   20 Август 2013 - 11:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

МУРЗА ГАПАРОВ


ЭКӨӨ ЭЭН БАКТА (аңгеме)

Мелис Абакировго арналат.


Бак туташкан тоолордун этегинде.
Бак чексиз кең.
Бактын эгеси жок.
Бак жапайы.
Миң түркүн дарактар өз алдынча гүлдөп, мөмөлөп, мөмөлөрү ит-кушка, курт-кумурскага жем болуп, чирип-ирип жок болот...
Бактын баянын эч ким билбейт, байыркы замандан бери эле жашап келаткансыйт. Бирок жыл сайын жаңы чырпыктар чыгып, көчөттөр көгөрүп, жаңыланып, жашарып турат...
Бакта күн бүркөө, суудай туман түшүп, себелеп жамгыр жаап атат...
Бактын чыгыш жагынан бир адам келип кирет. Үстү суу, колунда узун таяк, арып-азган аквалда...
Адам бакты аралап узакка узап барып, акыры бир дарактын түбүнө токтойт. Дарактын асты кургак.
Жолоочу даракка жонун жөлөп, бутун сунуп отуруп калат. Ошол замат бүткөн бою талыкшып, магдырап уйкуга кетет. Бирок негедир чочуп, көп өтпөй көзүн ачат. Караса, кашында кара чаар жылан турат. Каректери каректерине кадалып, тилдери титиреп, адамды арбап аткансыйт. Адам аптыга түштү. Анткени менен жылан ага катылбады. Кайра койкойгон башын буруп, калың бариктердин арасына сойлоп кирип, көздөн кайым болду...
Ушул учурда адамдын алдына топ этип алма түштү. Алма ак-кызыл түстө, туптунук... Адам алманы алып качырата жей баштады. Алма ширин чыкты. Дагы жесем деген ниетте төбөсүн карады. Карап, айран-таң калды. Көрсө, жөлөнүп отурган дарагы алма эмес, жаңгак экен. "Анда каяктан түштү бул алма?" деген ой кетти. Адегенде маңдайындагы дарак көзүнө урунду. Бирок анысы чынар эле. Чынар оголе жоон болуучу. Түп жагы көңдөй көрүнөт, боорунда боз үйдүн эшигиндей кичине эшик карарат. Эшиктин оозунда капкара чачтуу аял отурат. Өрүлбөгөн коюу чачтын арасынан кууш жүзү гана агарат. Аял бейтааныш эркекти аңдый карап, шашылбай алма жеп атыптыр. Качан экөө кездешкенде, ал ага мулуюп койду.
- Арыбаңыз, - дей салды жолоочу аз-маз алдастап.
- Бар болуңуз, - деп алик алды аял.
- А-а... алманы сиз ыргыткан турбайсызбы?
- Бекер отургуча, жеп отурсун дедим.
- Рахмат.
- Аш болсун.
Экөө тең унчукпай алма жей башташты.
-Каяктан каякка баратасыз?
Жолоочу ойдолоктой түштү.
- Чыгыш жактан...
- Батыш жакка?
- Ооба...
- Жолуңуз узак экен.
- Узак...
Эркек энтигип алды.
- А-а өзүңүзчү?
Мен ушерде жашайм. Ушул үңкүр - менин үйүм.
- Коюңузчу?
- Былтыртан бери. Былтыр мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам...
- Мага окшоппу?
Аял эркектин суроосуна этибар бербеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 20 Август 2013 - 11:16

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Aitunuk   20 Август 2013 - 16:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Жолдо жети жолу күн батырып, жети жолу таң атырып, акыры ушул бакка келип киргенмин. Кирип, кийин мындан чыккым келбей койду.
- Ажайып бак экен.
- Бейиштин багы.
Эркек тунжурай түштү.
- Эгер каршы болбосоңуз, мен да бүгүн биерде түнөп калайын. Абдан чарчадым.
- Уруксат сурагыдай мен бактын ээси эмесмин. Кааласаңыз биротоло калып калыңыз. Антсеңиз, андан жакшы. Экөөбүз бири-бирибизге эрмек болобуз...
Аял жароокер жылмайды. Эркек эрип кетти.
- Сиз туура баамдадыңыз: барар жагым белгисиз...
- Анда жетер жериме жеттим деп билиңиз.
- Жан дилим менен.
Экөө элире тиктешти.
Туман тарады. Жамгыр басылды. Дарактардын арасынан батып бараткан күн көрүндү. Бактын ичи кочкул кызыл нурга толуп, көлөкөлөрдүн тытылган тору жайылды...
- Эми жүрүң, кечки ырыскыбызды терип жеп келели, - деп калды аял, үңкүр үйүнөн чыгып.
Эркек эсейе түштү: аял жылаңач көрүндү көзүнө. Эңкейишин эле эптеп эски чүпүрөк менен калкалап коюптур, калган жагын жайылган чачы жаап турат.
Аял анын аңкайганын аңдады.
- Умай эненин кийими, - деди күлүп. - Бакта бир жыл жашасаңыз сиз дагы Адам атага окшоп каласыз.
Эркек сылык жылмайды. Бакты аралай басышты.
- А-а... кышты кантип кыштадыңыз? Таза үшүсөңүз керек?
- Биерге кар түшпөйт экен.
- Ырас элеби? Сонун турбайбы! Мен ушунчалык үшүкчөөлмүн.
- Анда кадырыңыз жам болсун.
Эркек эми эки жагын куунак карады. Чын эле азыр ага жылдын төрт мезгили аралаш көрүнүп кетти. Бир эле учурда дарактардын бири бүрдөп, экинчиси гүлдөп, үчүнчүсү мөмөлөрү бышып, үзүлүп жерге түшүп турат. Туш-туштан куштар сайрап, түркүн түстүү көпөлөктөр учуп-конуп жүрүшөт.
- Айтканыңыз акыйкат, бул бейиштин багы экен, - деди эркек аялды эреркей карап.
- Адам атабыз менен Умай энебиз ушундай жерден куулуп отурбайбы.
-Умай энебиз алмага азгырылбаганда. ..
- Ага адамча сүйлөгөн жылан айыптуу.
- Эмнеси болсо да, экөөнүн кылмышынан кийин күнөөсүздүк кылымы кыйрады.
- А менимче, ошол жакшы болгон экен, - деди аял ойноктоп. - Эмесе экөөбүз минтип бу дүйнөнүн даамын татып, күнөөсүнө батып, жыргап жашайт белек. Чынбы?
- Чыны-го чын...
Аял алдына басып келишкен алчадан уучтап үзүп алып, экөөсүн эркекке сунду. Жалтыраган капкара алчалар эле. "Аялдын каректерине окшош экен", - деп койду эркек ичинен. Ачык айтканга тартынды.
Бирпастан кийин булар эки кыргоолго туш келишти. Кыргоолдун кыпкызыл корозу боппоз мекиянын ашыглыкка азгырып, кууш куйругун жайып таштап, аны айланып бийлеп атыптыр.
- Ой, ушулардын сүйүү ышкысы өттү, - деди аял армандуу. - Каякка баспагын бийлешип-туйлашып, өбүшүп-тебишип жаткан жан. Кубалашкан көпөлөктөр, чырмалышкан жыландар... Мүйүздүү башын мүйүздүү башка артып алып магдыраган маралдар... Караңгыда калкандарын кагыштырышкан ташбакалар. .. А бир жолу сейилдеп жүрүп эргежели жез кемпирге кез келдим. Жез кемпир куураган куу жыгачты минип алып, кутуруп кеткенсип, нары-бери күйүгүп чуркап жүрөт. Кызыгып карап калдым. Карасам жез кемпир дегеним - чүткор болуп чыкты. Ийилбес ийнелери үрпөйүп, тикенектүү куйругу титиреп, көздөрү бозоруп алган. Көрсө, кургуруң, куу жыгач менен атайлап денесин дүүлүктүрүп атыптыр. - Аял аяр күлүп койду. - Ашыглыктын азгырыгы менен азабы бардык макулуктар үчүн окшош окшобойбу.
Эркек арсар жылмайды.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 20 Август 2013 - 16:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Aitunuk   20 Август 2013 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Алар калдайып өскөн картаң алмуруттун жанына жетип токтошту. А анын астынан кайнар булак кайнап чыгып атат.Булак башатында оргуштап, ордонун ордундай тегерек көлгө айланып, анан андан нары агып кетет. Көл жээгин жашыл эңилчек каптап, үстүндө булуттай буу каалгыйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Aitunuk   21 Август 2013 - 17:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Ой, кайнар булак! - деди эркек өңгөчүн тартып.
- Бакта баскан жагыңыз - кайнар булак, - деп айтты ал. - Мен күнү-түнү киринип турам буларга.
Аял аялдабастан көлгө кечип кирип кетти. Көл аны көкүрөгүнө чейин көмдү.
- Кана, чечинбейсизби?
Эркек арсар аквалда калды.
- Экөөбүз бирге жуунсак... уят болбойбу?
Аял каткырып алды.
- Кимден уяласыз? Биерде бизден башка эч ким жок. Эркек чечкинсиз чечине баштады. Жегдеси менен өкчөсүз өтүгүн чечип, шымына келгенде дагы тайсалдады.
- Кечиресиз... Ич киймим жок эле...
- Ого бетер жакшы экен, - деди аял жайдары жылмайып. -Бир жылдан бери жылаңач эркекти көрө элекмин...
Эркекке кубат болду мунусу. Ал шымын шыпырып таштап, көлдү бойлоду.
- Ох, кандай рахат... Суу сонун ысык турбайбы.
Ал адебестен денесин жууп кирди.
- Узак жол басып, кирдеп кеттим, - деди актангандай.
- Эчтеке эмес. Эми экөөбүзгө эч кандай кир жукпайт, - деп жубантты аны аял.
Анан эркектин оозун ачыра койбой, алакандары менен анын артын жышып кирди. Эркек буга көшүп туруп берди.
- Колдоруңуз жаман жумшак экен, - деп койду бирпастан кийин, үнү каргылданып.
Эми аял алдына өттү. Экөө тең орто бойлуу эле. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү тийишип кетип атты. Денелеринен көзгө көрүнгүс учкундар чачырап, жан жерлери жалындаганы калды булардын.
- Кийимчен кырктагы кишидей көрүнгөнсүз, эми карасам, желдеттей жигит турбайсызбы.
- Жыйырма жетидемин.
- А мен жыйырма экиде.
- Анан... абдан сулуу экенсиз.
- Сиз дагы...
Айткандары чын эле. Аял кымча бел, эмчектери чагылгандын ташындай катуу, ажары айдай тунук, а ой-кыялы ойноку окшойт... Эркек болсо арыкчырай, кыр мурун, аялдын түтөгөн кара кашындай муруту бар, сүйлөгөн-күлгөнү сыпайы, мүнөзү - сүйгөнгө да, күйгөнгө да даяр экенин элестетет...

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 21 Август 2013 - 18:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aitunuk   22 Август 2013 - 17:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Аял аны сылык сылай берди. Акыры ал чыдабай аялды кысып кучактады. Экөөнүн маңдайлары сүзүшүп, көздөрү сүзүлүп, эриндери эрип кетти. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү өйкөлүп, таптакыр тилден калышты...
Аста-секин ай чыкты. Ай нурлары алмуруттун апаппак гүлдөрүн аралап өтүп, көлгө себилди. Көл үстүндө эки кара баш калкып сүзүп жүрдү.
- Айтмакчы, атың ким, айым кыз?
- Акшам. А сеникичи?
- Актаң.
-Актаң...
- Акшам...
Экөө кайра жанашып өбүшүп калышты.
- Жүр эми, үңкүр үйүбүзгө кайталы, - деди кыз.
Көлдөн чыгышып, барар жактарына бет алышты. Айдыңда ар кайсы даракка асылышып, анар, анжир, курма сыяктуу мөмөлөрдөн үзүп жеп баратышты.
- Акшам...
- А-а?
- Сен бая: мени дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам, - деп айттың. Ал эмне дегениң?
Акшам күлдү. Ай нуру анын акактай тиштерине чагылыша түштү.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aitunuk   22 Август 2013 - 22:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Ал дегеним: экөөбүз тең ашыглыкка азгырылып, анан анын азабынан ата-журтубуздан айрылып, минтип барса келбес жолго чыгып отурабыз...
- Демек, сен дагы...
- Мен дагы... Сага окшоп...
Актандын оор жүгү жеңилдей түштү. Көңүлү көтөрүлдү.
- Анда айтып берчи, - деп калды ал куунак түрдө.
- Жок. Авал өзүң айт, - деди Акшам. - Кана, башта.
Актан макул болду.
- Мен ушул жылдын жазына чейин үйлөнгөн эмесмин. Ойноп-күлүп жүрө бергенмин.
- Жаштыктын дооранын сүрүп.
- Ооба... Анан атам, аймактагы атактуу адам, элден намыс кылып, акыры ой-боюма койбой үйлөп салды. Бир жесир аялдын кызына...
- Эмне үчүн жесир аялдын?
- Аялдын эри атамдын жанбирге досу болуучу. Атам ошонун арбагын сыйлады. А тойдун эртеси кайненем: "Аяш, эми ээн үйдө эңгиреп жалгыз каламбы? Кыз-күйөө мени менен жашасын" дегенин, атам ага да макул болду. Ошентип, мен күч күйөө катары жашап калдым. Кайлыгым он алты жашар, уялчаак, ишенчээк, баёо кыз. Бара-бара жакшына аял болуп бермек, бечарам. Бирок буга жеткирбеди апасы...
- Апасы?
- Кайненем кыркка кире элек катын...
Актан аялдай түштү.
- Кызга бергис жубан беле?
Актан башын ийкеди.
- Акылды айныткан азыткы эле... Кызы көшөгөдөн чыга элек жатып... кызгана баштабадыбы?
- Кызын сенден?
- Мени кызынан.
Акшам айдың бакты жаңыртып каткырып калды. Күлкүсү куду тоо суусунун көбүгүндөй көбүрүп көрүндү.
- Ушундай болушун каалап тургам.
- Каалап тургам?
- Кызык да! Энеси кызын кызганбай, кызынан күйөө баласын кызганганы. Айт ар жагын. Тезирээк!
- Кызын көшөгөдөн чыгарбай эле койду, мастан. "Жо-жок, сен отура бер, карегим. А күйөө баладан камсанаба, өзүм ардактап алам" - деп.
- И-и, кантип ардактады анан?
- Кызматчы аялдай кызмат кылды: колума суу куюп, сүлгү сунат; бутумду өзү жууп, өзү арчыйт; уюба деп, желкемди укалайт, ысыба деп, желпип турат. Кийгеним күндө жаңы, ичкеним арак-шарап, а кашымда акышы артык, кылыгы күч кайненем... Бир жолу ошондой отурушта ойноп айтып калды: "Зайыбың али жаш. Сен аны анча кыйнаба", - деп. Мен дагы онун оюнун ойнодум. "Кыйнаганым жок..."- дедим аңкоолонуп.
"Көрүп атам, угуп атам" - деп койду мугамур мулуюп.
Кийин билсем, түндөлөрү уктабастан, караңгы үйдүн караңгы кааналарын кыдырып, көшөгөбүзгө көлөкөсүн түшүрүп, ойноп-оонаганыбызды көрүп, сүйлөп-күлгөнүбүздү тыңшап жүрүптүр
Акшам дагы бир шаңшып алды.
- О-о, элестетип атам, - деди биларман кишиче. - Кызганчаак катын кыйын кыйналган экен. Кыялында далай жолу жулунуп көшөгөңөргө кирип барып, кызынын бетин аймап, чачын жулуп, а сени чалкаңан жыгып, үстүнө үйрүлүп түшкөн тура, бейбак.
Актан да күлдү.
- Акыры кыялын ишке ашырды. Бир күнү: "Бүгүн аялың эс алсын, сен бөлөк бөлмөгө жат," - деп калды. Эмне демекмин? Унчукпай макул болдум. Кайненем кызынан кылбат каанага төшөк салды. А мен чечинип, шамды өчүргөндө, желегин желбегей жамынып, желпинип кирип келди.
"Кыңырылба, кызымдын кызматын кылып берем", - деди желегин жерге ыргытып...
- Токтоп тур шул жерде, - деп шыбырады Акшам Актандын оозун оозу менен жаап. - Ал азыткынын айтканын өзүм аткарам...
Экөө өбүшүп, жабышып калышты. Ай тийген жылаңач денелерине ала көлөкө түшүп турду. Туш-туштан жарканаттар шуулдап өтүп атышты. Жакындан байуулу улуду. Узактан сүтактын муңдуу үнү угулду...
Ай анча алыстаганда, Акшам:
- Эми... - деп энтиге эс алды, - аңгемеңди улант. Узартпа, уккум келбейт...

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 22 Август 2013 - 22:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Август 2013 - 17:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Азыр... аз калды, -деди Актан алдыга алдастай басып. - Алты айдан кийин айбыбыз ачылды. Аялым акыры билип койду. Көптөн бери шектенип жүрсө керек, бир күнү колго түшүрдү, үстүбүздөн чыкты. Айкырыкты салып, буркан-шаркан түштү, байкушум. Апасы ант ичип актанганча, буркурап ыйлап, булкунуп чыгып кетти. Эки ойнош эмне кыларды билбей, эсибиз ооп отуруп калдык...
Кыйладан кийин эшиктен иттердин үргөнүн, элдин ызы-чуусун эшиттик. Кабатырланып, караңгы терезеге келдик. Терезеден кыштактын көчөсүз салынган таш тамдары көрүнөт. Азыр алардын карааны гана карарат. А ээлери эшикте. Ар кайсы жактан ай-айлап айкырган адам. Адамдардын арасында кимдир бирөө куйруктуу жылдыздай жалындап күйүп барат. Аны көргөндө кайненем кан жутуп, какай албай катып калгансыды. Эсине келгенде: "Кызым! Кызым ада болду!" - деп эчкирип, эшикке атырылды. Аргасыз артынан түштүм мен. Экөөбүз энтигип элге жетсек, күйгөн киши менин аялым, эчак өртү өчүп, түтүнү түтөп жерде жатат...
Кайненем кызынын алдына чөк түшүп, боздоп калды. Мен болсо башым маң болуп, көпчүлүктүн көлөкөсүнө жашынып алдым, эңилишке эрким жетпеди. Бирок ичимден эзилип: "Эсил эркем... Эриң эрдей, энең энедей болсочу" - деп кейип турдум. Адамдар да ар кайсыны айтып арманда кылып атышты.. "Жакшынын жаны тынды"- деп койду жанымдагы бирөө.
"Жайы жаннатта болсун жаш неменин" - деди экинчиси. Кокусунан: "О кудагый! Кудай курутту го бизди! Эмнеден жаздык, айтсаң? Кыз-келиндин убалы кимге?"- деген айбаттуу авазды уктум. Карасам, өз атам. Ана ошондо мен өзүмдүн тирүүлөй өлгөнүмдү түшүндүм. "Эми өлүгүңдү көрсөтпөй жогол, ит!" дедим өзүмө өзүм. Анан аста-секин элден бөлүнүп, караңгылыкка житип кеттим...
Алар Акшам айткан үңкүр үйгө келип калышкан эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Август 2013 - 19:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Куш келипсиз, - деди үй ээси. - Кана, ичкери кир.
- Экөөбүз батабызбы?
- Кадырың жам болсун.
Актаң эңилип, эшиги жок астананы аттады.
- Коркпо, үстү эгиз.
- О терезең да бар турбайбы.
- Өзүм ойгонмун.
Алакандай тешиктен айдын нуру түшүп, үңкүр үйдүн ичин күңүрт жарытып турат.
- Чын эле кең экен.
- Кембагалдын кепесиндей. Отур.
Экөө жанаша жайлашты. Алдыларында ачык эшик, айдың бак.
- Астыбызда эмне шыгырайт?
- Бариктер.
- Жыргал турмуш...
Бирпаска үндөбөй отурушту. Анан Акшам:
- Ырдап берейинби? - деп калды.
- Ырда, - деди Актаң.
- Кызыл-кызыл козунун көрпөсү элем, о-о-ой-дай...
Кыз да болсо бир үйдүн эркеси элем, о-о-ой-дай...
Актаң азилдешип, коштоп кетти:
- Эркеликке койгон жок, чалга сатты, о-о-ой-дай...
-Чалдын баласына.
- А-а, ошондойбу? Кана-кана...
- Чал элүү жашта, баласы он тогузда болуучу. Эки жыл илгери... Атасы акылдуу, көрүнүшү көрктүү киши эле. А баласы, энесин тартып эси жок, эр болгончо эркеликке кана элек, балалыгы кала элек бир дөдөй. Айылда анын аты - Кемчонтой. Жамандын жарты өнөрү артык эмеспи: Кемчонтой кумар ойноочу. Ар күн ашык алчыйт, ордо атат, короз уруштурат, ит талаштырат, ат чабыштырат. .. Баарысына акча саят. Утат, уттурат... Бир жолу капчыгы какталып, каңырыгы түтөгөндө" "Катынымды койдум!" - деп, мени да уткуруп жибериптир, үйүң күйгүр. Кайнатам куткарбадыбы мени уткан кумарпоздон.
Экөө тең куунак күлүп алышты.
- А сен ага кантип катын болуп жүрөсүң?
- А-а... Жыйырмага чыкканча эрге тийбей, кара далы аталып кеттим.
- Кантип? Ушундай көркүң мененби?
- Тандаган тазга жолугат. Гүлжигиттерди чанып отуруп, акыры Кемчонтойго кор болдум. Анын үстүнө өз атам куураган кедей, кайнатам чириген бай эле. "Калыңыңды өзүң быч, каалаганыңды аласың" - деди кайнатам, адатымча көктүгүмдү көрсөтсөм. А өз атам болсо көзүмдү карайт жалдырап. Аяп кеттим анан аны.
Ошентип, өзүмдү өзүм сатып, өзүмдү өзүм Кемчонтойдун койнуна салып бердим...
Акшам кичине тунжурай түштү. Кийин кокусунан күлүп жиберди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Август 2013 - 22:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Эмне күлөсүң?
- Кызык иш... кылмыш иш.... кийин башталды. Никелешкен түнү күйөө кургурум менин ычкырымды чече албай койду.
- Ырас элеби? Айтып бер!
- Албетте, мен дагы кыз каадасын кылып, кыйла каршылык көрсөттүм. Бирок бул чыныгы себеп эмес эле. Чыныгы себеп: Кемчонтой алигиче катын көрбөптүр; анын үстүнө ал шордуу арак ичип, наша чегип алыптыр. Ичкилик менен баңгилик дагы бул жамандын жарты өнөрүнө кошулат. Кыскасы, Кемчонтой кыйлага куру убараланып, кийин коңурук тартып уктап кетти.
- Ажап болуптур.
- А эртеси эртең менен экөөбүздүн экиден жеңебиз киришпейби: "Кана, кыз-күйөө, жакшы жаттыңарбы? "- демиш болуп. Чынында төшөк көргөнү келишкен. Салтты билесиң го: күйөө жак кыздын кыз экенин билиш керек да. А биздин шейшеп апаппак бойдон эмеспи. "Кокуй, кыз, бул эмнеңер? Кан кана? - дебеспи менин жеңелерим. Мен дагы уялбай: "Күйөө балаңардан сурагыла," -дедим. Кемчонтой түш көрүп аткан. "Дарткам! " деп койду, ал ушул тапта. Анын жеңелери арсар аквалда артка кайтышты. "Шектүү кетишти," -дешти менин жеңелерим. - Жок кыз, буларды эптеп ишендириш керек. Антпесек, абийирибиз төгүлөт. Кызыңар жубан чыкты дешсе, кантебиз? Ата-энеңиз асылып өлбөйбү, ар-намыстан? Кала берсе, калыңын кайтарып алат кайнатаңыз. Шондуктан, кызыке, кайын журтуңузду курсант кылыңыз тезирээк," -деп безилдешти. "Кантип?" десем: "Күйөөңүз баёо бала. Сиз өзүңүз жардам бериңиз ага. Түшүндүңүзбү? " - дешет. Түшүндүм, албетте...
Экинчи күнү Кемчонтойду азгырып көрдүм. "Кел, эрди-катынды туурап ойнойлу " - дедим ага. Бирок ал кечегиден бетер мас эле, көңүлдөнбөй койду. "Койчу, ошондой да оюн болобу", - деп, тескери карап жатып алды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Август 2013 - 20:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Саар менен жеңелер дагы келишти. Бул жолу жаңжал чыкты. "Кызыңар кыз эмес экен,"- дешти Кемчонтойдун жеңелери. "Балаңар эркек эмес экен,"- дешти менин жеңелерим. Тигилер чычалап чыгып кетишти. А беркилер мага:"Бүгүн түнү тырмап болсо да өзүңүздү канатасыз" ,- деп буйрук беришти...
Мени саарлап санаа басты. Күйөө кургурум кур дегенде ушул күнү соо болсо экен деп тиледим. Тилекке каршы, тилегим ташкапты. Кемчонтой керели кечке курбу-курдаштары менен куунап, кечинде дагы мас келди. Келип, босогону аттаары менен килемдин үстүнө жыгылды. Ошол бойдон уктады. А мен тагдырыма таарынып ыйлап кирдим...
Мына ушул учурда эшик акырын ачылып, үйгө узун бойлуу киши кирди. Карасам, кайнатам. Ордуман секирип турдум. "Коркпо, мен сени куткарганы келдим", - деди кайнатам. Анан карылуу колдору менен желкемен жерге басып, секин төшөккө жаткырды. Мен каршылык көрсөткөн жокмун...
- Жалап, - деди Актаң.
Акшам буга каткырып күлдү.
- Кайнатам кайра чыгып кеткенден кийин, мен Кемчонтойду чечинтип, жаныма жаткырып алдым.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Август 2013 - 20:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Август 2013 - 21:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Ал таң атканда таң калып атпайбы:" Эй, эмне үчүн шейшеп кыпкызыл? Куду анардын ширеси төгүлгөнсүп? "-деп.
"Тантыба, кылар ишти кылып коюп..." - дедим эркелеген болуп.
"Менби?" - дейт маңбаш. "Анан ким?"-дейм ого бетер назданып.
-Жез кемпир, - деп койду Актаң.
-Жез кемпирге жеңелер киришпейби кийин.
- И-и?
- Төртөө тең курсант. Баарысы ыраазы. Мен тарап сүйүнчүлөп, эр тарап сүйүнчү берип жатып калышты. Кайненем жеңелериме күмүштөн сырга тагып, кайнатам алтындан билерик салды...
- А кайнатаң кийин катылган жокпу сага?
- О, кеп ошондо болуп атпайбы. Экөөбүз биротоло ойнош болуп алдык.
- Ошентмексиңер, бетпактар.
Акшам адатынча каткырып алды.
- Эки жыл жыргап жашадык. Ышкыбыз өчпөй... Анан ашкере болдук. Шермендебиз чыкты. Адегенде, албетте, кайненем билет биздин кылмышты. Ал баласынын көзүн ачат: акмактын арына тиет, жиндинин жинин келтирет; акырында колуна айбалта берип өлтүрөсүң экөөн дейт. Кемчонтой көкнарыдан ичкениинче ичет да, кийин көздөрү канталап, шилекейи куюлуп биз жаткан үйгө келет. Келсе, экөөбүз жанаша жатабыз. Кемчонтой адегизбей атасын балталады, андан соң мага дап берди. Бирок кудайдын кудуретиби, колун көтөрө албай койду. Шал болгон немедей шалдырап туруп калды. Көзүнөн жаш кетти... Мен анын ошол аквалынан пайдаланып, жалаң көйнөкчөн, жылаңайлак бойдон эшикке чуркадым. Эшикке чыгып, эсиме келбей туруп:"Эл- журт! Өлтүрдү! Өлтүрдү!" - деп кыйкыра бериптирмин. Аш-паш дебей адамдар чогулуп калышты. Алар көрүштү, түшүнүштү. "Айыптын баары анау аягы суюк аялда!" - деп чаңырды кайненем, долуланып. "Жазалаш керек ######ты!" дешти калган эркек-аялы. "Айгыр ат апкелгиле! " - деп айкырышты. "Айгырдан айлансын бул шуркуя! Ак байталга байлагыла, эки ######тан тең кутулалы" , - деди кайненем.
- Эки ######тан.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Август 2013 - 22:11

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aitunuk   26 Август 2013 - 18:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

- Биздин үйүрдө бир ак байтал бар болуучу. Ал өз айгырын чанып, башка байдын үйүрүнө качып барып, анын айгыры менен ойноп келүүчү.
- Койчу?
- Жаныбар, жакшы көргөн жагына жашырынып, жылга менен каттачу: барарда куйругун түйүп, күйүгүп чуркап отуруп, кайтарда шашылбай, бактылуу басып келүүчү...
- Укмушуң кур ургачылар...
- Ак байталды мен аячумун. Экөөбүз ынак элек. Бирок башкаларга анын жоругу жакчу эмес. "Байым, жоготуңчу ушул уятсызды, элге шерменде кылды го бизди", - деп калчу кайненем. Кайнатам деле ардануучу ичинен. Анткени менен акылдуулук кылып: "Жөн кой, жаш неме ойноп алсын", - деп күлүп коё турган.
Мына эми ошол байтал экөөбүздү кошо жазалашты. Мени эки билегимден байталдын куйругуна байлап, анан артыбыздан айгак салып, айылдан алыс айдап жиберишти. Ошентип, ак байтал менен Акшам, тагдырлаш эки шордуу бири-бирибизди сүйрөп, бежолмо бежол качып келаттык. Менин бети-колум аймалып, көйнөк-көкүрөгүм тилинди. Кудай жалгап, сойлогон жерим тегиз, көк шибер экен...
Акыры ак байтал арыдыбы, же айгактаган адамдар артта калганын сездиби, акырын басып калды. А бир бейтааныш өзөндүн жээгине жеткенде такыр токтоп, оттоп кирди. Мен дагы эс ала түштүм. Эсиме келгенде эптеп кутулуштун амалын ойлодум. Карасам, алдымда кырлуу таш туруптур. Дароо билегимдеги жипти таштын кыры менен кесе баштадым. Эски жип экен, тез эле кыркылып кетти. Мен ак байталдан ажырап, асманды карап, талып жатып калдым. Ошол аквалда уктап кетиптирмин. Ойгонсом, жака-белде ак байталым көрүнбөйт. Өзөндүн боюнда өзүм жалгыз калыпмын. Эми эмне кыларды билбей, кыйлага кыймылдабай отурдум. Кийин, кокус артымдан аңдып куугун келип жүрбөсүн деп коркуп, ордуман туруп, бейтааныш жакка бет алдым...
- Тагдырга таң берем...
Актаң Акшамды өптү. Акшам ага жооп берди. Экөө алмашып жатып калышты...
Ошол бойдон экөө эки күн эшикке чыгышкан жок. Үчүнчү күнү катуу күн күркүрөп, асман чартылдаган чагылгандардын согуш майданына айланды. Чагылгандардын жалындаган октору жерге жетип, бирөөсү Акшам менен Актаң жашаган чынарга келип тийди. Чынар чатырап өрттөнүп кетти. Өрт кечке чейин өчпөй койду. Кечке маал нөшөрлөп жамгыр жаап, жалын быкшыган көк түтүнгө өттү. А түтүн аста-секин тарап, акыры чынардын калган калдыгы - чычалага айланган өзөгү көрүндү. Өзөк өрттөнүп отуруп, кишинин боюнчалык гана бөлүгү калыптыр...

Жамгыр таң атканча жаады. Таң атканча чычаланын күйүндүлөрү күбүлүп түшүп, жылтылдаган жылма жыгачка айланыптыр. Өзөктүн өзү куду кучакташып турушкан эркек менен аялды элестетет. Эркек менен аялдын денелери - ак-саргыл, сылык, тунук. Экөө маңдайлары сүзүшүп, көкүрөктөрү тийишип, тизелери тирешип, тилсиз сүйлөшүп турушат...


МУРЗА ГАПАРОВ. "ЭКӨӨ ЭЭН БАКТА" -Б., 2009, 361-374-бб.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 26 Август 2013 - 18:45

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 02:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: