Суперстан: Байдылда Сарногоев - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Байдылда Сарногоев акындын ыр дүйнөсүнө саякат

#1 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас облусундагы Буденовка кыштагында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көрөт.
Кыргыз тилиндеги жыйнактары:
Досторума: Ырлар. 1955.Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. 1956.

Баяс: Ыр менен жазылган повесть. 1956.

Жокен. 1958.

Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. 1961.

Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. 1966.

Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. 1968.

Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. 1970.

Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. 1972.

Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар., 1973.

Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. 1974.

Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1982.

Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. 1982.

Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1984.




Орус тилиндеги жыйнактары:






Баяс: Стихи и поэма. 1958.

Горячее озеро: Стихи. 1958.

Гнездо сокола: Стихи, поэма 1987

Эхо в зрачках: Стихи, поэмы 1988.




1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер с
үйбөгөн...
Кызыл эт кезден торолтуп


Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.


Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да


Топончо көрбөй үйлөгөн...
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн.




Билдирүүнү түзөткөн: historic: 21 Сентябрь 2012 - 13:26

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Байыртан болгон билими,

Байыртан болгон илими

Кыргызыма

Элдерди мактап өзүңдү

Алардын кылба кийини.

Кылымдар ачпай сабатты,

Кармабай калем, кагазды.

Караңгы болуп жүрсөң да,

Мекендеп түрлүү тарапты.

Мен туулган доорго жеткирдиң

Мээңе сактап «Манасты».

Эзелден ачпай сабатты,

Эч билбей калем, кагазды.

Кой менен кошо жүрсөң да

Конуштап түрлүү тарапты.

Түптүгөл бизге жеткирдиң,

Тилиңе басып «Манасты».

Мактагым келет күндө эле,

Басынтып өзүң сүйлөбө.

Эпосун ойдо жат билген

Элдер аз сендей дүйнөдө.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ
Жебедей учсам дечү элем
Жел менен кошо сызыла
Жеңил баа кылдым өзүмдү
Жете албай максат учуна...
Желбей да калдым бир топ жыл
«Жем» түшүп кетип бутума.
Жеңил баа жагым жел айдап,
”Жем” түшкөн бутум айыкты.
Жакшылап чуркап бергим бар,
Жакынбы мараң алыспы...
Саяпкер элим таптап көр
Сагынып калдым жарышты.
Жаман ыр жазсам күйүнтүп,
Каргасаң дагы сен карга.
Жакшы ырды жазсам сүйүнтүп
Жалгасаң дагы сен жалга.
Булбулсуң — десең мен булбул
Каргасың — десең мен карга.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАР
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

Узак мезгил сиңип келген сезимге
Урук, уруу керек чыгар кезинде...
Башыңда ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.

Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин мүлкүн оп тартпасын алкыңар...
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.

Эл байлыгын не кылсам да өзүмө...
Алам деген, жулам деген кезиңде,
Жаңы гана бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.

Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


ТООЛУКТУН ПЕЙЛИ
Коноктон эч бир жадабас,
Колунда барын аябас,
Тоолуктун жоомарт пейли бар,
Толкуган көлгө чамалаш.

Самасаң барып коносуң
Сайрандап, дуулдап оңосуң.
Сары май, этин, кымызын,
Сат десең уят болосуң.

Атайлап көрбөй камылга,
Акчасыз, барам айылга
Аш менен атым дапдаяр,
Ак калпак кыргыз барында


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ
Толкун болот деңиздин күчтүү жери,

Толкундай бол кыргыздын жигиттери.

Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,

Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргыздын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

Көрдүңөрбү орустун уландарын

Көздөрүнөн тынымсыз жанат жалын.

Арабызда андайлар болсо дагын...

Бош байлаган боо сымак жүрбөй дайым

Үйрөн тынбай улуу элдин ушул жагын.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


КИМ МЕНЕН
Көчөгө чыксаң кол бошто
Жанында жарым сом жокто
Айттырбай билген сырыңды
Айланса болот жолдошко.

Кайнаган ичте сыр жатса,
Кайгылуу же бир муң басса
Кайратын айтып кенешкен
Кагылса болот курдашка.

Тең тартып жалгыз чылымды,
Тең бөлүп сокур тыйынды
Жүрөлүк, жолдош курбулар
Көтөрбөй көккө мурунду.

Адамдын көөнү гүл деген,
Акылсыз аны билбеген.
Жалгыздап жүрсөк бөлүнүп
Жашайбыз жыргап ким менен?..




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


БИЛБЕДИМ КАНДАЙ КҮЧ БАРЫН
Жай салып жайык талаага,
Жактырсам дагы жашоону.
Жарым күн тоону көрбөсөм,
Жармашат мага баш оору.

Түз жердин суусу дудук суу,
Кусасы арбып кулактын,
Сай-сайдан сайрап ырдаган,
Сагынам үнүн булактын.

Алыска жөнөөр кезимде,
Алгансып бирөө артыман,
Ак мөңгү жакка негедир,
Айланчык болуп тартылам.

Козголбой жаткан кени көп,
Көп билем кокту, жондорду,
Темирди тартчу магнит,
Адамды тартчу болгонбу...

Көрбөсө жашыл жайлоосун,
Көөдөндө жанар жүз жалын,
Бул биздин ак баш тоолордо,
Билбедим кандай күч барын!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


АЛА-ТОО
Кагылам сенден, Ала-Тоо,
Кан-жаным сага бирге, бил.
Кайратым артат миң эсе,

Караанын көрсөм күндө бир.

Алтындан ичик жасатып,
Арнасам деймин күнүгө.
Сыйлаар элем коноктол,
Сыйгандай болсоң үйүмө.

Байыртан кыргыз уулуна,
Майкөл, сүткөл апасың,
Манасын баштап эмсек да,

Байыбай келе жатасың.

Энесин бүткөн ырыска,
Эр жигит, сулуу кызга бай.
Түн күзөп бешик терметип,

Турганын турган уктабай.

Түйшүктү тартып көп кылым,
Тууганын жетет асырап.
Түн күзөйт эми балдарың,

Тук этип алчы азыраак.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Таллас   21 Сентябрь 2012 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Мен сүйүп окуган саптардын автору.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 17:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


АРАКЕЧ ДОСКО
«Ак молдо» деп айтпай жүрчү аракты,
Арак качан «молдомун» — деп сага айтты.
Адегенде ат маанисин түшүнгүн

Ал аракты биздин завод жаратты.

Айтпай жүрчү «жинди суу» деп аракты,
Арак качан «жиндимин» — деп сага айтты?
Кагылайын шыңгыта кет мени — деп
Канча жолу кадыр салып жаратты?

Каалабасаң, капаланып ал арак —
Картайганча сүт ичип жүр дейт белем.
Каалабасаң, капаланып ал арак —
Куубайт сени, кулап түшүп текчеден.

Ичкилик да, тамак дагы чек менен,
Ичи көбөт этти деле көп жеген,
Ашык ичип акыл-эсин жоготкон

Анык жинди сенсиң го деп шектенем.

«Азгыргыч» — деп айтпай жүрчү аракты,
Арак качан «азгырам» — деп сага айтты.
Айып сенде, айтпай жүргүн жинди деп

Ал аракты биздин завод жаратты.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 17:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


АКЫН ДОСУМА
Кыргызым, деп айтаар элен,
Казагым, деп айткандай.
Кыргыз даамын татаар элен,
Казак даамын таткандай.
Кыргыз үйдө жатаар элең,
Казак үйдө жаткандай.

Фрунзени сүйөөр элен,
Алма-Атаны сүйгөндөй.
Көчөсүндө жүрөөр элен,
Өз көчөңдө жүргөндөй.
Акын досум амансыңбы,
Неге кеттиң бир келбей?

Таарындыңбы, айтчы мага
Сен агасын, мен ини.
Кыргыз кыздар кокус сага,
Буурул чачсын дедиби?

Кымыз бербей суусаттыбы
Кызыл көйнөк келини?

Казак кайсы, кыргыз кайсы,
Эгиз өскөн улут да...
Жууркан кылып жашап келген,
Оронушуп булутка.
Эгиз элдин уулу болсоң,
Экөөнү тең унутпа!

Мен эсенмин. Бирге жүргөн,
«Ак сулуудан» айрылгам.
Махабаты терең экен,
Терең жерди жай кылган.
Аз-аз жерден чөгө жаздап,
Аман калды Байдылдаң.

Сагындым го, сагынттың го,
Сагынсын деп атайын...
Саламатпы, дени сакпы,
Баардык бала-чаканын?
Кайда жүрсөң аман жүргүн,
Кыргыз мурун казагым.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Мен киммин

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго


ЭЛҮҮ ЖАШ
Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө
Мезгили өтүп калп чыктымбы элүүгө.
Айтор билбейм... атам, энем өлбөсө
Айтып бермек менин жашым жөнүндө.


Кайсы жылы, кайсыл айда төрөлгөм,
— Билбеймин — дейт сурап көрсөм жеңемден.
Кайдан билсин, мен оозанып жатканда
Он бештеги келин экен кедейген.


Не болсо да жашсыз адам болобу...
Мен өзүмдү байкап көрүп оболу,
Болжоп туруп коюп алгам датасын
Же төмөндүр, же кеткендир жогору.


Чынбы, калппы, чыктым эми элүүгө
Кайтты жаштык, калды элеси көңүлдө.
Уул үйлөнтүп, кыз узатып үйүмдөн
Неберем бар, кайнатамын келинге.


Менин бактым, менин баркым элимде
Мен даярмын элиме иштеп берүүгө.
Карт акын — деп айтса дагы кай бирөө
Халтурщик — деп айтпаса экен өмүрдө.


Кана эмесе, эр ортону элүү жаш
Кайра келбейт мен өткөргөн элүү жаз.
Алтымышка аттангыча бир болуп
Аз сүйдүрүп, көп жаздырып көңүл ач!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 17:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Сүрөтчү колу чебер го,
Сүрөтчү ою терең го.
Бир жылдыгын ойлобой,
Миң жылдык камын жеген го.
Тургузсам кары акындын,
Буттары талыйт деген го.

Жамбашы жадап бүттү эле,
Көп болуп түрмө, түпкүрдө.
Ойлонуп Током ырларын,
Олтурат таштын үстүндө.
Мындан да шаңдуу көрүнмөк,
Олтурса аттын үстүндө.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Аялдарга

Ар бир жылдын өз алдынча даңкы
бар,
Ар бир айдын өз алдынча баркы
бар.
Күлүп-жайнап гүлдөгүлө
жалпыңар
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар.


Ким жалбарбайт аял деген
атыңдан,
Ким айланбайт эне деген асылдан!
Сенин даңкың, сенин баркың
ченемсиз
Сенден чыккан улуу Ленин
акылман.


Силер бизге Күн да болуп, Ай
болуп,
Силер бизге эне болуп, жар болуп,
Жүргөн үчүн жүзүңөрдү
жаркытып,
Силер менен биз жүрөбүз бар
болуп.


Силерге айтаар өтүнүчүм, талабым,
Ыксыз болсо кечиргиле а жагын…
Келжиреген кем акылын сейрек
тууп
Эстүүлөрүн көп туугула баланын.


Силер менен гүлдөп өстү заманым,
Силерге мен коер да бир талабым,
Жатып ичер жалкоолорун сейрек
тууп
Эмгекчилин көп туугула баланын.


Оо аялдар, бирөөң жыттуу миң
гүлдөн
Сулуусуңар суктандырып
сүйдүргөн.
Эриш-аркак кайда болсо ээрчишип
Эсен болсун эркегиңер бир жүргөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   historic   21 Сентябрь 2012 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

БИРӨӨГӨ
Биздин кымбат буурул чачтуу
акындар,
Мээси тунук, бермет сөздүү
асылдар.
Мезгилинде дүлөй түндү
суйкайтып,
Дүбүртүнө тизе бүккөн ашуулар.


Эл намысын желек кылып
булгалап,
Эли менен максатына шыр карап.
Таш көлкүлдөп лирасына
алардын
Жазга айланган кышта жаачу
бурганак.


«Талантмын» деп көөдөн керип
көлөктөп,
Тамчы суудай жылып аксан сен
эптеп,
Учурунда кара нөшөр сыяктуу,
Алар төккөн алтын ырын
көнөктөп.


Эки сөздүн башын жөндөп кура
албай,
Эрдемсийсиң акынмын деп
уялбай.
Өзгөлөргө сын такканын
койсоңчу,
Өзүн жатып жумурткадан чыга
албай.


Карыларды «халтурщик» деп
бүтүрдүң,
Ошол сөзүн өзүн болбо,
түшүнгүн...
Мен да сенин мээге жукпас,
жүүнү бош
Бука сийдик ырларына түкүрдүм! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Takeshbek   21 Сентябрь 2012 - 23:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Просмотр сообщения historic (21 Сентябрь 2012 - 13:25) жазган:

Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас облусундагы Буденовка кыштагында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көрөт.
Кыргыз тилиндеги жыйнактары:
Досторума: Ырлар. 1955.Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. 1956.

Баяс: Ыр менен жазылган повесть. 1956.

Жокен. 1958.

Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. 1961.

Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. 1966.

Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. 1968.

Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. 1970.

Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. 1972.

Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар., 1973.

Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. 1974.

Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1982.

Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. 1982.

Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1984.




Орус тилиндеги жыйнактары:






Баяс: Стихи и поэма. 1958.

Горячее озеро: Стихи. 1958.

Гнездо сокола: Стихи, поэма 1987

Эхо в зрачках: Стихи, поэмы 1988.




1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.





1932 жылы Кара Ой айылынын Кулун- Эмбес кыштоосунда торолгон. Орто билимди Кара Ойдон Көк- Арык атындагы орто мектепти бутургон. Азыркы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектеп. ( тоолуктоо эле капа болбо досум)....)))
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   historic   22 Сентябрь 2012 - 12:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 441
  • Катталган: 06 Январь 12
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 16:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бүгүн борбордо Эртең Лондонго

Просмотр сообщения Takeshbek (21 Сентябрь 2012 - 23:38) жазган:

1932 жылы Кара Ой айылынын Кулун- Эмбес кыштоосунда торолгон. Орто билимди Кара Ойдон Көк- Арык атындагы орто мектепти бутургон. Азыркы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектеп. ( тоолуктоо эле капа болбо досум)....)))

Рахмат!
Кок-арык менин мектебим.
Коп акын болуп кетпедим.
Ойнотуп кызыл тилимди.
Осмонкулга жетпедим.-
деген саптары ошондон улам турбайбы...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 11:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: