Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#181 Пользователь офлайн   ALIYA.   03 Май 2017 - 15:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 29
  • Катталган: 19 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Янв 2022 06:24

Aruukeramazan (18 Март 2017 - 22:22) жазган:

Чала олгон жыландай кылбай бутурсонор боло аягына чейин. Маашырлана бир окуп салалы бир демден.
Чийки май жегендей эле болуп атабыз

Эмнеге жазбай калдыныздар, же ушуну менен бутуп калабы Жандын суйуусу,Кызмончок эмне болду,жыландын суйуусу деген оорум айыкпас болду го....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Adelia1010   08 Июнь 2017 - 05:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 03 Апрель 17
  • Соңку аракети: 02 Июл 2017 07:24

Чыгарма же нары эмес, же бери эмес болуп калыптыргооо. Теманын автору кайда болдукен. Аягына чейин улантса болмок, шорпо ичип этин жебей калгандай болтам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   bema_bema   20 Июнь 2017 - 19:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Асманда айланган таз жорулар дагы эле жүрүшөт… Азыр эле долусу кармап, ага-буга урунуп, жер тытып ызылдап жүрүп акыры тынчы- ган шамал эми желпилдеген айдарым желге айланып, кыймылсыз жаткан Алымкандын этек-жеңин делбектете тарткылап, ала-була чачын агымы менен кошо учуруп кетчүдөй желбиретип, “агызып” турат… Ага кошул-ташыл дыбыраган жамгыр катуулап, аялдын эки бети ылдый муздак суу шорголоп агып жатат… “Бул менби? Эмне жатам?..” – жерде кый- мылсыз сулаган денин айланып-тегеренип өзүнүн элеси жүрөт. Жерде жаткан тулкусун өйдө тургузганга, ойготконго кудурет-күчү келбей, эмне болуп жатканына түшүнө ал- бай делбектеп, тийип-качат… Тиги жердеги үчөөнү карайт… Эркек баланын кийимин кийип, жа- зылган чачы согончогуна түшүп, шөмтүрөп суу болгон Кызмончок, жанында Асан, ал экөөнүн ортосунда – аяк алдында башын жерден улам көтөрө коюп, улам кайра жата калып, өзүнө-өзү батпай жаткандай ойдо- локтогон Жан… Алымкандын буту жер баспай, абада кам- гактай калкыган элеси аларга улам жакын- дап келип: “Кызмончок, эмне турасың? Бу жерде эмне болуп жатат? Мен эмнеге тиякта жатам? Калгандар кайда?” – дейт. Бирок ага эч кимиси жооп бербейт, атүгүл аны көрбөй да коюшту. Ал кайра эле өз денесине айланчыктап келет… Аңгыча, кандайдыр тааныш шоорат ту- юлат… Алда неден үмүт кылгандай элеңдеп, айланып-тегеренип издейт. Айткандай эле, тигине, тээ чагылгандар каршы-терши сайылган кара булуттардын арасынан баягы жыланга окшогон ийри- муйру таягын таянып, кайненеси дикилдеп түшүп келатат… – Эне?.. – ыйбаа кылгандай, эреркеп кет- кендей, айыбы бардай да абдаарый карайт аял.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   bema_bema   21 Июнь 2017 - 10:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Китептин автору канча жазса ошону бул жака илип койдум.Мен дагы сиздерге окшоп кутуп окугандардын катарындамын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   bema_bema   23 Июнь 2017 - 13:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Өлөрүндө карылыктан эки бүктөлүп, бүкчүйүп калган Бүбү эненин элеси андагыдан таптакыр башка, баягы Алымкан жаңы келин болуп келген кездегидей алдуу-күчтүү, тыкчыйып боюна тың экен.

А бирок жакын келбей, адатынча өктөм, өткүр тиктеп, обочороокто турат. Анын көздөрүнөн келини:

– О, шоркелдей! Эмне жатасың?! – дегенди окуду.

– Энеке?!. – деп, эмнеге жатканын өзү да түшүнбөй жатканын айта албай алакан жайып, өзүнүн жерде жаткан денесин карады Алымкан.

Жылан-таягынын учу менен көзгө сайып жиберчүдөй:

– Шордуу! Узун кулактыгың менен ушакчылыгыңдын айынан Жараткандын каарына, тиги бечаранын убалына калдың! – деп Кызмончокту жаңсайт эне.

Ансыз да Кызмончоктун ата-энесинин өлүмүнө, Кызмончоктун ар кимге куу тумшук болуп, жайдакталып жалгыз, мээримсиз калышына өзүн күнөөлүү сезип жүргөн Алымкан ого бетер кибиреп, кичирейе түшкөнүйт.

– Мени кечириңиз, энекебай? – ыйламсырай карайт. – Айыбымды кечириңиз?

Ошондон кийин гана эне таягын ылдый түшүрөт.

– Мени ала кетиңиз, эне?.. – эреркей карайт келини.

– Уу… шордуум! – баягыдай эле өктөм, бирок бу саам жибигендей жумшак унчугат. – Алып кетүү, алып келүү менин колумда болсо, сени да, мына бу шордууну да мындай азапка калтырбайт элем го! Андан көрө, али кеч боло электе кетип кал! Бар…

Таягынын учун дагы сес бере шилтегенде жалтана түшкөн Алымкан кетенчиктеп барып, жерде жаткан өз денесине чалынып жыгылгандай болот. Андан аркысын билбейт… Бир билгени, башы катуу ооруп, кулагы чуулдап жаткан болчу. Өзүнүн кыңкыстап, онтогон үнү угулат…

Аздан соң кайненеси ага адатынча дем салып, бети-башка чапкылап, ойготуп жатканын сезет… Оозуна ууртап алып бүрккөн суусу ушунчалык муздак экен…

-Эне?.. Үшүп атам… — көзүн ачканга аракеттенет.

Бирок энеси көрүнбөйт. Анткен менен эми элеки

капкара булуттарды көрдү. Түрмөктөлүп, так үстүндө чакалап төгүп турган болчу…

Мунун баары өңү же түшү экенин ажыратып биле албай дендароо жатат.

***

Күн күркүрөп жиберди.

Асан тараптан агылып келип аткан агыш нур – мээрим, сүйүү Кызмончоктун акыл-сезимин сергитип баратты. Атүгүл жанараак эч нерсе сезбей чымырап, таш-муз болуп турган тулку-бою кызыл жалынга түшүп кеткендей, ысып-күйүп келатты…

Баягы бала кези, ата-энеси элес-булас болуп, туюмуна келе калып жатты…

Анда да, денеси ушинтип от-жалынга түшүп же колу-буту муздап кеткенде апакеси айланып-тегеренип: “Кагылайыным, кагылып кетейиним! Сага берген дартты Кудайым мага берсин! Кудайым пендем десе, баламдын ден соолугун чың, өмүрүн узун кылса экен. Балама келген тумоо суунун агымы менен кетсин, айдарым жел менен кетсин! Караңгы түн менен кетсин! Кудай, айланайын, баламды жаман көздөн сакта, баламды жама сөздөн сакта! Ушуга келген дартыңды мага бер, ” – деп өпкө-жүрөгүн чаап, жалынып-жалбарып жүрүп айыктырып алчу. Кызга апасынын берген ысык сорпосу, чөп-чарды кайната коюп ичирген дарысы бир тең да, бою-башын балкытып, балбаалаган энелик мээрими, сүйүүсү бир тең болор эле. Андан артык дары жоктой, апасы кудум жомоктогу сыйкырчыдай сезилчү. Баарынан да, ата-энеси ага эч качан, эч кимден, жада калса ажалдан да жеңилбечү, өлбөчү сыяктанып, алар баарынан күчтүү, кудуреттүүдөй ойлочу тура…

Кызмончоктун акырындап өз калыбына келе баштаганын сезген Жан сүйүнөрүн да, күйүнөрүн да билбей турду. Бир билгени, ал Асанды ушунчалык жек көрүп, анын бул жерден көздөн кайым болуп, же жер менен жексен болуп кетүүсүн каалап кетти. Жана бу жерге келе жатканында, Кызмончокко билгизбей күм-жам кылып койбогонуна да өкүнүп алды. Асан болбогондо, балким Кызмончок азыр кудум кабыгын таштап, сыртка чыгып кеткен жыландар сымак, адамдык келбетинен чубалган сулуу жыланга айланып, суурулуп чыга келмектир?! . Анда Жан экөө бири-бирине кыл аркандай эшиле оролушуп, эркелешип, кубалаша ойногон боюнча бу жерден алыс, тээ алда кайда, адамдардын кулагы угуп, көзү көрбөгөн жактарды карай кетип баратышмак! Кете беришмек, кете беришмек… Эч качан айрылышпай жүз жыл, балким эки жүз, ким билет, балким андан да көп жылдар бою бирге жашырынып-жашынбай, өздөрү да эч кимге жагымсыздык жаратпай жашашмак. Адамдар да, жыландар да, айтор, башкалардын баары өз-өз күндөрүн көрүп, өздөрү каалагандай жашай беришмек! Булардын алар менен иштери да болмок эмес!

(Уландысы бар)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   bema_bema   28 Июнь 2017 - 15:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

О, андай болор күн кана?! Жок дегенде, баары жокту жаратып, барды – жок, жокту – бар кылган, буларга ушундай сыноо, ушундай тагдыр, ушундай машакат берген Кудай таалам Жандын өзүн адамга айлантып койсо, анда ого бетер жакшы болбойт беле..!

Ушуну ойлогон жылан катуу бир онтоп алып, баарына кедерги болуп турганы сымак Асанга сес көрсөтө, октоло түшүп токтоду. А бирок анын бу жолку серпиле түшкөнүн Асан аңдабай деле калды. Анткени анын бар дити, эси-дарты менен эки көзү жалгыз Кызмончокто болчу. Үшүп, чыйрыгып жаткандай эки колун көкүрөгүнө кайчылаштырып, денеси болор-болбос солкулдап, эриндеринин титирегени басаңдай баштаган келинден каректерин тартып ала албай, дендароо болуп тиктеп турган.

Эстен танган ушул караш, ушул көздөр жыландын кыжырын ого бетер келтирди.

Анткени ошол көздөрдөгү жазуулар ага ачыктан-ачык, ташка тамга баскандай эле бадырайып, окулуп турган. Асан өзүнүн атасы үчүн, Бектемир байкеси үчүн, Абылай атасы, Сайракан апасы, Чынтемир үчүн… айтор, баары үчүн Кызмончоктон кечирим сурап, аны чын дилинен аяп да, бар дүйнөсү менен сүйүп да турган. Атүгүл башкаларга окшоп, Кызмончокту эч качан күнөөлөбөй, жек көрбөй турганын, эгерде Кызмончок макул десе, аны өз үйүнө алып барып, апасынын болочок келинге арнап катып койгон ак жоолугун салдырып, а эгер ата-энеси ага макул болбосо, Кызмончокту бу жерден кулак угуп, көз көргүс жактарга алып кете турганын, эми аны эч кимге кор кылбай, колунан келишинче, алынын жетишинче коргоп, калкалай турганын убада кылып турган болчу!..

Атүгүл азыр Кызмончоктон кичине эле ишарат болсо, учуп жетип келинди бооруна басып жылытууга, сооротууга даяр турган сыяктанды.

– Тс-с!!! – кайра да октоло түштү жылан.

Анын каарын, акараат айбаатын Кызмончок сезди. Уйкудан чочуп ойгонгондой “селт” этип, тегерек-белин бүшүркөй карап, башын көтөрдү.

– Аса-ан?! – кайдандыр чакырык угулду.

Үчөө үн чыккан тарапка карашты.

– Келишти! – коркуп кеткени да, сүйүнүп кеткени да белгисиз, эриндерин кыбыратты Асан. Жанараак эле Асан түшүп келген дөбөчөнүн үстүндө, чуркап келгенге күйүгүп, лыс турган.

Жандын денеси болуп көрбөгөндөй жыйрыла түштү. Демейде ак саргыл тарткан түсү боз топурак кейиптене түктөйүп, чабуулга даярдангандай түр берди.

Асан да кимисин коргосусу келгени белгисиз, ортого тура калды.

– Аса-ан?! – жанынын бардыгынча баркырады Калыс. – Асаа-ан?!

Жанараак эле болбурап ыйлап, бошоп турган Асан чыйрала түшкөндөй болду. Муштумдары акырындап түйүлүп, эмнегедир эки ийинин солкулдата ызалуу, энтиге дем алып, ый аралаш баркырады:

– Эмне-е?!

Кырда турган экөө анын жообун укпай же түшүнбөй калгандай бири-бирин карашты. Анткени Асан алар күткөндөй, агаларын карай антаңдап чуркаган да, кол булгап чакырган да жок. Тескерисинче, таарынгандай, алар менен сүйлөшкүсү келбегендей турушу, берген бул жообу экөөнө таң калыштуу да, табышмактуу да эле.

– Эмне турат, баспайбы бери! – деди Калыс.

– Аса-ан?! – бу жолу Мукан кыйкырып, кол булгады. Асан жооп берген жок.

– Аса-ан!

– Эмне турасың?! Бас, кеттик!

– Кете бергиле! – деди Асан. Анын үнү шамалдын агымы менен келип, так эле булардын кулактарына куюлуп токтогон өндөнүп даана угулду эми..

– Мээси чайкалып калган го, тигинин!.. – ачуулана да, санааркай да күңкүлдөдү Калыс. – Же байлап алышканбы?!

***

Кыр ылдый дикилдеп түшүп келген экөөнүн кадамдары жайлап, жерде жаткан Алымканга жетип-жетпей токтоду.

– Асан? – озунуп үн катты Мукан.

Асан унчуккан жок. Шамалдын ызылдаганы, жамгырдын дабырттаганы эле болбосо, ортону жымжырттык уялады.

– Баары жакшыбы? Баса аласыңбы?! – деди Калыс. – Жүрү, кеттик.

– Бара бергиле деп атам го!

– Сенчи?!

Асан артына бурулуп, Кызмончокту карап койду.

– Атаң сары санаа болуп кетти.

Асан колунун сырты менен көзүнүн жашын арчыды. Анын эмнеге ыйлап жатканын эч кимиси, атүгүл Жан да түшүнбөй калды.

Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 28 Июнь 2017 - 16:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   bema_bema   30 Июнь 2017 - 13:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Кантип ушуга бардыңар?! – сүйлөй албай, солуктады улан. – Эмнеге ушундайсыңар? !

Мен силерди улуу деп, акылдуу деп… ишенип..! Кантип буларды таштап баса бердиңер?!

Барбайм мен эми! Эч качан барбайм! Уктуңарбы?!

– Асан?! – Мукан актангандай үн катты.

– Эмне деп жатасың?! – деди Калыс. – Келчи, биякка, шашпай сүйлөшөлү!

– Өзүңөр эмне, келгенден коркуп жатасыңарбы? ! Кимден?! Кызмончоктонбу? ! Же бу жыланданбы? ! Же тиги Алымкан апанын арбагынанбы? !

“Алымкандын арбагы.?!” – бул сөз кайда жатканын, эмне болуп жатканын дагы эле түшүнө албай, улам арылап жылып кетип бараткан булуттардын арасынан кайра да чыга калчудай кайненесинин элесин издеп, адамдардын үнүн укса да анын өңү-түшү экенин ажыратып биле албай жаткан Алымкандын да, Кызмончоктун да мээсине “тык” эте түштү. “Мени айтып жатышабы? Мен өлүп калдым беле? – эсине келип-келе албай жаткан Алымкан ушинтип ойлоду. – Мен өлгөн окшойм…”

“Алымкан жеңем?!” – Кызмончок да эсине келди.

– Жеңе?! – аттап-буттап жетип, Алымкандын башын көтөрдү. – Жеңе?!

Көздөрү сүзүлүп араң ачылган Алымкан жылмайган болду.

– Жеңекебай? Тирүүсүңбү? ! О, Кудай?! Кудай!

Алымкандын башын кучактап, балбаалап ыйлаган Кызмончоктун жанына келип, тизелеп отура калган Асан Алымкандын тамырын кармап:

– Башын бийиктетиш керек, – деп үстүндөгү күрмөсүн чечип, тоголоктой салып аялдын башына жаздай койду. – Кыймылдабай жата турсун… Мен азыр…

Жерден бир нерсе издеп жүргөн сыяктанды.

Муну көрүп турган Мукан менен Калыс да жакындап келип, жыландан сестенгендей окчунураак туруп калышты эле, ошону сезе койгон Жан бу жерден алыстап кетип, бирок обочорооктон баарын байкап, көз албай карап жатты.

Мукан күрмөсүн чечип, Алымкандын үстүнө жапты. Калыс да чапанын чечип:

– Жеңе, жакшы элесизби? –Мукан Алымкандын маңдайына алаканын койду.

– Кан басымы көтөрүлүп кетиптир, – колуна бир тутам майда чөп терип келе койгон Асан жооп берди. Колундагы чөптүн бүрүн алаканына салып, бир колу менен ушалап майдалады да, аялдын эрин алдына салып койду.

– Азыр жакшы болуп каласыз, Алымкан апа. Баары жакшы болот. Эч нерсени ойлонбой, тынч жатып туруңуз… – деген Асан өзүнүн үшүгөнүн эми сезгендей, күндүн көзү көрүнсө эле баары жай-жайына келчүдөй:

– Азыр күн да ачылат, – деди асманды карап.

Кызмончок да, башкалар да өйдө карашты. Айткандай эле кара булут суюлуп, күндүн арты ачылып келаткан болчу.

Эки жигит аялдын баш жагында, Кызмончок менен Асан сыңар тизелеген калыбында эки жанында. Ар кимиси өз ойлору менен алек болуп отурушту. Анткен менен бири-бирин алдыртан карап коюп, Алымкандын абалы, деги эле өздөрүнүн мындан аркы аракеттеринин баары Асандын колунда тургандай, унчукпай отурушат.

Айткандай эле, Алымкандын жаны жай алып, магдырап көзү илинип баратты.

– Рахмат, Асан, – ушуну байкаган Кызмончок акырын унчукту.

– Баары жакшы болот, – Алымкандын тамырын кармап, ичинен күбүрөнүп отурганы менен Кызмончокту алдыртан караган Асан, бир чети ооруган адамдын дартына даба таап, жанына аралжы болгонуна кубанса, бир чети Кызмончоктун, анан да ар дайым муну мадыра баш катары көрүп, мурунга черткен береги агаларынын алдында өзүн кадыресе салабаттуу, салмактуу сезип, баркы көтөрүлө түшкөнүнө сыймыктанып да кетти.

Канча курдай кыйылып, моюн толгогонуна карабай, бирде тилдеп, бирде жалынып жүрүп, табыпчылыкты үйрөтүп койгон атасына ыраазы болуп кетти. Дары чөп издеп тоого аттанган сайын уулун кошо ала чыгып: “Ээ, балам, “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт. Ата кесибин билип алсаң өзүңө эле жакшы. Кор болбойсуң”, – деп калчу. Үйдө бирөө жарым сыркоолоп калганда, же кошуна-колоң чакырган кезде: “Асан, кармачы”, – деп адегенде бейтаптын тамырын Асанга карматчу болгон. “Ии, эмне экен?” – дечү анан. Баласынын жообун уккандан кийин кайра өзү текшерип, мулуңдап күлүп калчу. Мунусу – баласына ыраазы болгондогусу эле. “Туура, эми эмне кылсак экен?” – деп андайда дагы Асандын жообун күтчү. Бирок кээде баласы экөөнүн пикири келишпей, талашып-тартышып калган учурлары да болот. Айрым учурда уулунун айтканы эп чыгып калса, атасы ага чычаламак турсун, кубанып: “Мына, балам, “Устатынан – шакирти өтөт”, киши болот деген ушу…” – деп кудуңдап калчу. “Асыл – таштан, акыл – жаштан” дейт, балам. Кээде аталар, улуулар деле жаңылат. Көптү көрүп, көп жашаганыбыз менен, биз деле пендебиз да…” – деп калганы бар. Ушуларды эстеп, атасы бу жолу да жаңылбаганын ойлоду. “Болбосо, баарын билип туруп, Алымкан менен Кызмончокту кантип талаага таштап кетишти? – деди оюнда. – Улуу адамдардын деле жаңылганы ушул да…” Анан калса, атасынын тээ жаш кезинде ушул Алымканды жактырып, бирок тагдырлары эки ачакей чыгып калганын дары чөп терип, экөө тоого чыккан күндөрдүн биринде атасы өзү айтып берген. Алымкан тил-ооздон калгандан кийин Кудай алдында бир милдеттен кутулгусу келгенин моюнга алып, анын дартына даба издеп ойлоно берчү болгонун арман кылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   asi.gulum   30 Июнь 2017 - 18:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Азаматсыз көптөн бери күтүп жаткам. Дагы көөп жаза бериң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   asefsa   04 Июль 2017 - 03:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Калганын качан жазасынар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   bema_bema   04 Июль 2017 - 18:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

“Э, балам, жаш кезде көп нерсени аңдабай жүрө берет экен адам. Улам жаш өйдөлөгөн сайын убакытка көп нерсени уттуруп ийгениң баамдайт экенсиң. Өкүнөт экенсиң, өксүйт экенсиң. Баарынан азабы, ошондо деле колуңдан эч нерсе келбегенин айт…” – деп күрсүнгөн атасы: “Бечара Алымкан. Маалында маралдай болгон кыз эле, чиркин! Каректери тим эле капкара болуп, бадырайып турчу. Жүрөгү да шок эле. Менин жактырып жүргөнүмдү, бирок батынып, сырымды айта албас мококтугумду да билчү. Өзүнүн да мага кайдыгер эмес экенин көздөрү айтып турчу. Мен куруюн… Деги, эсиңде болсун уулум, эркек кишинин чагылгандай өктөмдүгү, курчтугу эле жакшы экен… Ошентип жүрүп алдырып жибердим.

Ошо кезде атам байкуш: “Ушу баламдан бирдеме чыгат, байбиче, байкап жүрөм. Ата-тегибиздин касиети ушуга оогон бейм. Саяпкер болуп койсоңуз”, – деп мени Бүбү энеге шакирт кылып берген. Ыраматылык эненин менден улуураак баласы бар… “Кудай каары, мээсин ачып куйса да мындан эчтеке чыкпайт!” – деп ошо уулуна кээде нааразы болуп калар эле. Бир күнү эле анан менин атамды, дагы бир-эки кишини кошуп, ата-энесине жуучу түшүп барып, ошол уулуна Алымканды алып келишти. Андай касиеттүү кишиге ким каршы чыга алат. Назарына калбайлы деп беришкендир да.

Мен ошондон тартып ал үйгө барбай койдум. Устатыма да, атама да катуу таарынып, бул өнөрдү да уланткым келбей калды… Алымкан болсо, тилинен да, колунан да келген тири карак келин болду. Ургаачы болсо да, мага караганда курчтугуна таң берчүмүн. Анткени, айылдын жакшылык- жамандыгында, карпа-курпа кездеше калган кездерде менин карек оту бар дүйнөмдү көзөп кетчү. Анткени, ошол караштан, ошол көздөрдөн мен таарыныч байкачумун. Ансайын жепирейип, кичирейе түшкөнүмдү сураба! Элдин ушагынан, анан да сенин апаңдын жемесинен, баарынан да кыраакы устатымдын каарынан коркуп, канчалык карегимди толтуруп карагым келсе да мен аны карай албай, кайпактап кетер элем.

Алымкандын азыркы тагдырын болсо өзүң көрүп турасың, тил-ооздон калып, оорукчан болуп калды. Атаганат десеңчи, баягыда Бүбү эненин касиетин акыр аягына чейин алып калганымда, жок дегенде оору азабынан арачалап калат белем деп өкүнөм!.” – деп бир катуу өксүгөн атасы. “Ата, – деди эми Алымкандын тамырын кармап, ушуларды көз алдынан чубатып отурган Асан оюнда. – Ошол аял эми сиздин көз алдыңызда жыгылып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда, кантип таштап кеттиңиз? Сиздин биринчи, таза сезимиңизден да, адамдык парсыңыздан да – элдин ушагы менен куру намысыңыз, пендечилигиңиз күчтүүлүк кылдыбы?! Кантип, ата?!”

Атасынын көз алдына келе калган элеси адатынча уулунан көзүн ала качып, уялганынан жанын коерго жер таппай турду. Ансыз да сары чийкил жүзү кызарып, турган ордуна батпай, чебеленип-тегеренип кетти: “Мен ит болдум, балам! Ит болдум! Кечир? Анын үстүнө, Бектемирди таштап кете албай… Өзүң деле көрбөдүңбү… Бирок мен сага ишенем, балам. Мен билгенди сен да билесиң, сага ишенем…” – дегендей болду атасы.

Өз оюнан өзү чыйралгандай, Асан көкүрөк кере дем алып, баш көтөрдү.

– Бектемир байкемдин акыбалы кандай? — деди анан агаларына карап.

– Бара көрөбүз го, – деди Мукан. – Биз орто жолдон эле сени издеп… кайра келбедикпи.

– Мениби..? – таң калгандай карады Асан. – Көпкө издедиңерби?

Экөө бири-бирин карашты.

– Сен бу жерге эмне болуп келгениңди билесиңби?

“Эмне болуп келдим эле?” – эстегенге аракет кылды Асан. Бирок Бектемирди жардан алып чыккандарын, Абылай атып өлтүргөн кара чаардын жерде сороңдоп секирген башын, Жер-Куйдун түбүнөн жайнап чыккан жыландарды, Кызмончоктун Актуякты кара терге түшүрө чаап келгенин, Алымкандын жыгылганын, Кызмончоктун:

“Жеңеме жардам бергиле?” – деп ыйлаганын, аны угуп да койбой, аларды айланып өтүп, жоон топ эркектин узап баратканын гана эстеди. Андан кийин эле алай-дүлөй түшкөн бороон-чапкын болуп, уюлгуган чаңдан эч нерсе көрүнбөй калганын, бир убакта эсине келсе эле ушул жерде жатканын, Кызмончок менен Жанга жолукканын эстеди. Бирок ага бул жерге кантип келип калганы табышмак болуп туруп алды.

– Мен бу жерге кантип келдим? – оюн сыртка угуза айтып алды Асан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   Саби   10 Июль 2017 - 16:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 263
  • Катталган: 03 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 12 Дек 2021 11:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Качан улантып жазасынар кайра-кайра ачып карап коюп жатам. Дагы бир чыгарма бар го автору ким экенин унутуп калдым чыгарманын аты " Кандан буткон жандан буткон уч мээрим" - бул чыгарма да суйуунун кучунон жыландан аялга айланган кыз жонундогу кызыктуу баян .
Бул кун сенин эн бактылуу кундорундун бири
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   bema_bema   13 Июль 2017 - 21:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Кызмончок экөө тиктешип калышты.

Ансыз да өзүнүн көп нерсеге акылы жетпей отурган Кызмончок: “Билбейм”, – дегендей башын чайкады.

Ушу учурда Алымкан ойгонду.

– Жеңе? –Кызмончок анын бириндеп учкан аппак саамайларынан, маңдайынан сылады. – Кантип калдыңыз?

Алымкан отургандарды даана көрүп,

тааныды эми.

– Кызмончок?.. – санааркай, боору ооругандай тиктеди, кандайдыр айыптуудай. – Кызыке?

– Жеңе?! – Алымкандын башын кучактап, бооруна кысты келин. – Баары жакшы. Экинчи минтпей жүрүңүзчү?!

Мукан менен Калыс бири-бирин карашты. Бул карашта: “Бул экөөнү эмне кылабыз? Алып кетебизби же таштайбызбы? ..” “Билбейм… Алып кетсек, айылдыктарга эмне деп барабыз? Асан менен кеңешеличи…” – деген маани бар эле.

Мукан башын ийкеп, Асанды ары жакка чакырды:

– Асан, жүрчү, кеңешели.

Четтеп баргандан кийин:

– Айылдагылар күтүп калышты го, – деди. – Дагы бир балакет башталып кете электе кетели. Кеч да кирип келатат.

– Буларды эмне кылабыз? – Калыс Алымкан менен Кызмончокту жаңсады.

– Алып кетебиз, – Асан шыр, чечкиндүү айтты.

– Ал эмне дегениң? Кайда алып кетебиз?! – Калыс кысаңдап кетти.

– Анан таштап кетели деп турасыңарбы? !

– Элге эмне деп барабыз?!

– Анда кете бергиле өзүңөр.

– Элден чыгасыңбы?!

– “Элден” деп коёт! – Асан “тарс” жарылып кетти. – Адамсыңарбы деги?! Силер эмес тетиги айбан деле таштап кетпей жүрөт го!

– Эй, көк мээ, биз адам болуп, адам экен деп сени издеп келгендей, жылан – жыланга келип атат! Сага эмес!

– Анда Алымкан апа да жылан экен да,ээ?! Эртең мен да жылан болуп чыгамбы ошондо?!

Асандын бакылдагынан улам Кызмончок менен Алымкан, Жан имериле карап, буларга кулак түрүп калышты.

– Акырын! – чаап ийчүдөй тап берди Калыс. – Ансыз да…

Эмнегедир Жан баш көтөрүп, сереңдеп тура калды. Ошону байкай койгон эркектер тынчып, акырындап калышты.

– Болуптур, Асан. Эмне кылалы дейсиң? Айтчы?

– Мукан байке, айтпадымбы!

– Анда кайра эле баягы ызы-чуу башталат. Абылай ата менен Сайра апа Кызмончокту күтүп атат дейсиңби?! Бектемир болсо, эчак эле талак берип салыптыр, албайт.

Бектемирдин талак берип салганын укканга Асан жандана түшкөндөй болду.

– Анда мен алам!

Экөө бири-бирин карашты:

– Мобул келесоо эмне деп атат өзү?!

Көз ачып жумгуча Калыс Асанды алка жакадан алып, экөө тирешип калышты.

– Акмак! Сени чындап эле жин даарыдыбы?!

– Коё бер деп жатам! Менин сендей агам жок! Коё бер дейм, болбосо…

– Болбосо эмне?!

Экөө бири-бирин басып жыгылышты.

Кызмончок ордунан тура калып, экөөнө чуркады. Ал жакындап келгенде жерде оонап жаткан жигиттер бири-бирин кое берип, үрпөндөп тура калышты. Алардын түрүн көргөн Кызмончок да жетип-жетпей токтоп, артына кылчайды. Зыпылдап келаткан Жандын түрү жаман болчу.

Кызмончоктун бир карашы аны токтотуп койгондой болду.

– Мукан, Калыс, – деди Кызмончок жигиттерге жакын келип. – Асан, мен үчүн жаман-жакшы айтышып кереги жок. Менин айылга барайын деген оюм да жок. Мындан аркы тагдырым, жашоом Кудайдын колунда. Бирок силерден суранычым, жеңемди алып кеткиле.

Бир нерсе айтучудай Асан обдула түштү эле, Кызмончок аны да токтотуп койду:

– Ыраазымын, Асан. Бирок сенден суранарым, сен да кет! Алымкан жеңемди сага, сени Кудайга аманат. Көрүп турбайсыңбы, ал мында кала албайт!

– Кызмончок? – деди жыгылып кетчүдөй тамтаңдай түшүп, бутун сүйрөп араң келаткан Алымкан. – Кетсек да, калсак да чогуу… Мен ансыз да башка жардымын. Жанымда бол. Талаада кандай күн көрөсүң? Куруп каласың. Анын үстүнө… – ал андан аркысын айтпай, дагы баягысындайң көздөрүн ала качып, кайпактап кетти. Анын көздөрүндө: “Эгерде сен адам мээриминен алыстап кетсең эмне болорун билесиңби?! Анда мени Кудай, арбак да, өзүм да эч качан кечире албайм! Сенин жыланга айланышыңды каалабайм! ” – деген маани жаткан.

– Кызмончок, макул десең… биздин үйгө барабыз. Тигини… – жыланды жаңсады Асан.

– Кааласаң аны да алып ал.

Ортону жымжырттык уялай түштү.

Жалгыз гана Жан ызасы, ачуусу жанына батып кеткендей, Асанды жек көрүп, адатынча бир катуу онтоп алды. Ойдолоктоп, куйругунун учу менен чыпылдата жер сабап жиберди. Бирок сабыр тутту.

Баягы күздөн бери ак эткенден так этип, сагынып келген Жан Кызмончок менен ушинтип жолугам деп эч ойлогон эмес. Адатынча бири-бирине ороло кучакташып, кубанычтан жер айланкөчөк болгуча айланып-тегеренип ойношуп, анан ата-энесинен да оолактап барып алышып сөздөрү такыр түгөнбөй сүйлөшүп, сагынычтарын айтышып, сырдашууну самап келген. Көрсө, баары эле өзүң күткөндөй, өзүң каалагандай боло бербейт экен. Айтор, буга чейинки бүт өмүрү бир тең да, ушул эки-үч күнү бир тең болуп кетти.

Кусалык, ыза, арманга толгон мына ушундай ойлор өпкө-жүрөгүн эңшерип, бар дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, кекиртеги өйдө сыгылып чыгып келе жаткандай эми көңүлү айнып, көздөрү караңгылай түштү. Асман-жер көчүп, айлан-көчөк болуп баратты… Эки колу менен оозун баса калып, отура калып окшуп жиберди.

Тээ бир топтон кийин Кызмончоктун тамырын кармап отурган Асандан калгандары жооп күтүп, атүгүл анын манжаларынын астында күрөө тамыры аста бүлкүлдөгөн Кызмончок да чыдамы түгөнгөнүп бараткандай, тиктеп отурду.

Эмнегедир, бир убакта Асандын өңү өзгөрүлүп кетти! Кызмончокту бир жалт тиктеп алып, кайра эле бат карегин тартып алды. Колундагы билекти таштап жиберип, кайдадыр тура чуркачудай комдоно түшүп токтоду. Көздөрүн жумуп, бирок ушу саам өзүн-өзү тынчытып жаткан окшоду. Ошондон кийин да келиндин тамырынан “уккан кабарды” буларга айтсамбы же айтпасамбы дегендей кайпактап кетти. Качан гана экөөнүн карек учкундары урунуша түшкөндө, Кызмончок анын көздөрүнөн баарын окуп, билип алды. Мени карачы? Чынбы?! – деди Кызмончоктун көздөрү анын ички дүйнөсүн көздөрүнөн аңтарып-теңтерип жаткандай такый тиктеп. – Чынбы?!.”

Асан башын ийкеп, эмнегедир ийнин солкулдата терең дем алып, улутунуп алды. “Боюнда бар экенин билсе, Бектемир байкем муну кое бербейт да эми!” – деген өксүк өзөгүн өрттөп, көкүрөк-көөдөнүн көсөп баратты.

– Эмне болду? – деди алардын түрүн байкаган Алымкан чыйпылыктап. – Жакшы элеби деги?! Кызмончок?! . – ыйлап жиберчүдөй үнү каргылданып, эриндери титиреп кетти.

Асан да, Кызмончок да унчукан жок.

Алымкандын ою башкага кетти: “Эмне балакет болуп кетти? Кара көзүм кашайчу кез жакындап калганбы?! Эми эмне кылам каран күн?! Ошол түндү каргыш алсын! Кайдан да уга койдум эле?! Кайдан да оозумдан чыгара койдум эле?! Кагылайын Кудай, арбагыңдан айланайын апакебай! Бир аргасын таап, каргышыңарды кайтарсаңар боло?! Тилимдин азабын жакшы эле тартпадымбы? ! Эми эмне кылсам экен?! Ошондон көрө мени алсаңар эмне?! Мени жазалап, мени жылан кылып алсаңар эмне?!”

– Жеңе? – Кызмончок ага күлүмсүрөй карады. – Сиз ойлогондой жаман эмес… Баары жакшы! Коркпоңуз, баары жакшы…

Кызмончоктун бактылуу күлүмсүрөгөн ыраңын көпкө бүшүркөй тиктеген Алымкандын кубарып, кумсарып кеткен өңү өзгөрүп, көңүлү бир аз жайлангандай болду.

– Оозуңа май, кызыке… – деди шыбырап. Сыягы, ал да кептин чоо-жайын баамдады.

Кызмончоктун кош бойлуу экенин Жан да билди эми. “Жан, мен эне болот экемин!..” – деди ага Кызмончоктун күлмүндөй калган каректери.

Бирок жылан буга кубанган жок. Кудум Асанга окшоп, көңүлү тумандап кетти. Эми элеки айнектей болуп чекчейген тунук көздөрүн жука чел кабык каптап калды да, кудум айнектин сыныгына окшоп, жылт эт- кен эки тамчы жерге кулап түштү…

Ошого удаа эле карап тургандар жыландын үшкүрүгүн да угушту. Тээ куйругунун учунан башталып келип, көмөкөйүн титиретип келип, оозунан күч менен атылып чыккан кандайдыр кайгылуу, муңдуу, узакка созулган ышкырык ким-кимисинин көкүрөк-көңүлүн көзөп кирип, кайдадыр чыгып кеткендей болду.

Эми эле жүзү тамылжып, өзүн бактылуу сезе калган Кызмончок томсоро түштү. Эчактан күткөн ушул кубанычына Жанды кошо кубанат деп ойлогон. Баягы кездегидей мойну-башын койколоктотуп, бийлеп жиберчүдөй күткөн.

Ушунун баарын сездирип койгонуна бир чети өкүнүп кеткен Жан көп өтпөй эле адамдардан бөлүнүп, эми ушул бойдон эч качан кайрылбачудай, зыпылдаган боюнча кетип баратты…

Асан менен Кызмончок да, эмне болуп кеткенин түшүнбөй аңкайган беркилер да аны артынан карап турушту.

Кыйла жерге чейин тыным албай келген жыландын андан ары жүрүүгө алы келбей калды. Дөбөнүн боору өйдө кетип бараткан бойдон чубалып жатып калды.

“Жан?” – серпиле түштү Кызмончок. Чөк түшүп отура калып, адатынча ээгин көтөрө, мойнун койкойто созуп, көздөрүн жумду:

– Жан? Сага эмне болду?!” – туюму аркылуу үн салып, санааркай да, таарыныңкы да суроо узатты Кызмончок.

Жан муну укту. Бирок мелтиреп, атайылап эле жооп бербей жатты. Кызганып да, таарынып да ошенткен сыяктанды.

– Кантип? – Кызмончоктун карегине каканактап, жаш толуп кетти. –Чындап эле кубанган жоксуңбу?! ”

Жанында тургандар бирде Кызмончокту, бирде тээ боордо чубалып жаткан жыланды карап, алардын ой аркылуу, сезим аркылуу сүйлөшүп жатышканын билгени менен, кеп эмне тууралуу экенине акылдары жетпей, дагы эмне болуп кетер экен деп чочулап, демдерин ичтерине катып, унчукпай турушту.

– Сени да, эне болуу бактысын да… Кандай күткөнүмдү билбейсиңби?

Жан түтпөй кетти:

– Билем. Анткени мен да сага жолугар күндү күткөм. Бирок баары мен ойлогондой эмес, такыр башкача болуп кетерин, ар дайым сагынып, антаңдап шашып келген, биздин балалыгыбыз, бактылуу күндөрүбүз өткөн үйүбүздүн ээн калып, менин да ата-энемдей сезиле берчү жакын адамдарымдын боз топуракка айланып, сенин күйөөгө тийип кеткениңди, артыңдан издеп жүрүп, канча азап менен тапканымда минтип, башка чапкандай абалда каларымды каяктан билипмин?! .

– Кечир?..Менин адамча жашагым келген…– Мен да жылан бойдон калсам дегем… Бирок сенин көкүрөк-көөдөнүңдө буккан муң, ый, жүрөгүңдүн ызалуу дүкүлдөгү угулуп, сезилип туруп албадыбы… Адамдардан көргөн ушунча азап-тозоктон кийин, сени биротоло мендик болобу дегем! Адамдар “акылга сыйбагандык” деп ойлогон бул окуяларга биз жооп табабыз деп ойлогом.

– Ал жооп табыларын аз калгансыйт… Жооп жакын эле жерде, менин айланамда эле жүргөнсүйт…

– Кызмончок? – ортодо эмне кеп-сөз болуп жатканын тымызын туйган Алымкан жылан тарапты жаңсады. – Эмне деп жатат тиги?!

Кызмончок унчуккан жок.

– Кетели?! – баятан берки өз алдынча ичинде көп нерсени ойлонуп ийген Асан да шашкалактап калды. Берки экөө да бул сунушту жактыргандай, жандана калышты.

Кызмончок гана ордунан козголгон жок.

– Сиздер бара бериңиздер, – деди аздан кийин гана акырын унчугуп. – Буюрса, барып калам…

Анын: “Буюрса, барып калам…” – дегени, кандайдыр ооз учунан, арсар айтылгандай туюлду. Ошол убакта Алымкандын кулагына бечара уулунун колдурап ыйлап турганы угула түшүп, жүрөгү “тыз” этип, кош мамагы зыркырап кетти.

– Балам?!.. Эмне болду, балам? – деп безеленип жиберди. – Кетели, кызыке?

– Кызмончок артыбыздан келем деп жатпайбы, — Алымкандын кебин жактырбагандай күңк этти Калыс. – Туурабы, Асан?

Асан Калысты жактырбагандай күңк этти:

– Силер кете бергиле, мен Кызмончок жеңем менен барам…

Кызмончок ордунан козголбой отурган калыбында Жан тарапты карады. Ал да булардан көз албай тирмийип жатып, качан гана адамдар кетүүчү баштанып ордуларынан козголгондо гана бир серпиле денесин жыйнап алып, кайра жазып жиберди.

Ошону сезип отурган Кызмончок:

– Асан, сен да кете бер! – деди өктөм.

Ошондон көп өтпөй эле Алымкан, Асан, Калыс, Мукан төртөө айылды беттенип, жөнөп калышты
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   bema_bema   14 Июль 2017 - 19:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Айткандай эле, түш оогон маалда Алымкандын уулу адегенде айылдын аяк-башына чыгып, анда-санда:

– А-апоо-оо?! – деп кыйкырып жүрдү.

– Ий, жаман өлүгүндү көрөйүн, – деди аны көргөн Асанбү чүйрүйүп. – Отузга чыкса деле акыл кирбейт го буга! Анан да каадалуу апасы бардан бетер, “апалаганын” кантесиң?! Ай, энеңдин эмчегин эмесиңби?! Дарылдабай үнүңдү басчы, кара башыңа көрүнгүр. Энеси өлүп калгансып деги эле добушунун муңкана калганын кара! Ансыз да элдин көөнү тынчыбай атканда! Келген жок энең биякка. Бар ары!

Ошондон кийин гана Тынар эсине бир нерсе түшүп кеткендей, энеси музоо аркандачу жерге келди да, бакыраң көз, кызыл музоону эш тутуп, апасы казык какканда колдонуп, кайра коюп кетчү жылмакай кара ташты башына жазданып жатып алды.

Тээ бир оокумда уйкудан чочуп тура калып, эки жагын каранды. Жанында майпаңдап жаткан музоонун да энесин сагынгандай муңкана мөөрөгөнү ого бетер ичин эңшерилтип жиберди. Апасы келип калгандай үйгө дүңкүлдөп жетип келди да, шаабайы сууп кайра чыкты. Эми ал тээ кырдагы мүрзөлөрдү карай бет алды. Жонуна кап көтөрүп, тезек чогулткан апасын ал кээде ошол жактан таап алчу. Апасы капты жерге коё салып, колун артына ала:

“Өх, белим!” – деп кайкалай калып, издеп келген уулуна ыраазы болгондой олжосун анын жонуна илип берип, эрчишип түшүп келишчү.

А бирок бүгүн бозоргон боз топурак, билинер-билинбес дөмпөйгөн мүрзөлөр, урап түшкөн эски күмбөздөр менен ар дайым шуулдап, “ырдап” турчу чийлерден башка эч кимди, эч нерсени көзүнө чалдыктыра албай койду.

– А-апа-а!! Апо-оо! – деп бир канча ирет дорулдап кыйкырганы менен жооп да уккан жок. Кээде ушул жерге келип алып, ушинтип чакырык салганында апасы кайдан-жайдан “култ” этип чыга калчу. А бирок ал уулуна жашыруун үңкүрү тууралуу айтчу эмес. Эми да так ошол апасы суурулуп чыга калчу жоон топ чийди карай беттенип, улам жакындаган сайын:

– А-апоо-оо! – деп бар добушу менен баркырады. Анын үстүнө, бул жерде аны тыйып-кысып: “Үнүңдү басчы!” – деген эч ким жок. Бирок сызылып-сыздаган шамал анын үнүн оозунан чыгары менен эле кайдадыр учуруп, жула качып кетип жатты. Ошого да ызаланып, апасынын жооп бербей, узакка жоголуп кеткенине таарынып дагы, чийдин жанында дорулдап ыйлап турду бала. Аңгыча алыстан жоон топ караан көрүндү.

Тынар элейип ошол жакты карады.

Айылга өтө турган башка ыңгайлуу жол да жок болгондуктан, жоон топ киши тоонун этегиндеги жалгыз аяк жол менен эрбеңдешип, түз эле муну карай келатышты. Тирмийе тиктеп, арасынан апасынын караанын издеп, ошолорду карай дикилдеп чуркап келатты бала.

– Жок?.. – топ караан жакындап келгенде гана баланын үмүтү үзүлүп, токтоп калды. Айылдын Абылай баштаган жалан эркектери экен. Кимдир бирөөнү көрпөчөгө салып, ортого алып көтөрүп алышыптыр.

Тынардын көзү ошо көрпөчөгө урунду.

“Апам?!” – ушинтип ойлоду уул. Апасы өлүп калып, булар көтөрүп келатышкнадай туюм келди. Жүрөгү катуу кагып, тамагы муунуп, карегин ысык жаш жаап калды. Келаткандарга жетип келди да, аларга катарлаш дикилдей басып, бирок көрпөчөнүн ичиндеги адамды көрө албай келатты.

Абылай күшүлдөп-бышылдап келаткан уландан улам: “Кудай мындай немени көрбөй, менин баламды кууратканын карабайсыңбы! ” – деген менен тосуп чыкканына кичине ичи жылып келатып эле, Тынардын бара-бара уңулдагы күчөп, өпкөсү-өпкөсүнө батпай ыйлай баштаганы ага жакпай кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   bema_bema   18 Июль 2017 - 21:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Кара башыңа көрүн! – деп жиберди бир убакта. – Жаман жорукту баштабай, бас жаагыңды!

Бала азга тынчый калып:

– Апа-а?! – деп ого бетер күчөп кетти.

Ошондо гана беркилер кептин чоо-жайын түшүнүштү.

– Ук, какмар! Каадалуу апасы бардан бетер, кара муну! Апаң калды тиякта! Апа керек болсо, чурка! Карга, кузгунга жем кылбай көөмп ал! –деди ансыз да туталанып, араң келе жаткан Абылай.

Калгандары унчуга алган жок. Касен сары гана бир нерсе айтчудай оозун таптап барып, унчукпай калды.

Бала Абылайдын сөзүнөн улам кадамын жайлатып, ал көрсөткөн тарапты карап, томсоруп туруп калды.

– Кичине токтой тургулачы, – деди аңгыча Абылай эсине бир нерсе түшүп кеткендей артындагыларды токтотуп. Баары Бектемирди жерге коюп, эс алып туруп калышты.

– Эй, бери кел?! – колун көкүрөк чөнтөгүнө сойлоткон Абылай жол боюнда турган баланы чакырды. –Кел, келе гой? Бирдеме берем? Ме?!

Чөнтөгүнөн сары тыйындарды алып чыгып: “Бир, эки… алты, жети”, – деп санады да

Тынар келгиче Бектемирдин башынан тегеретип:

– О, Кудай, айланайын, баламдын башы көзүнөн садага! Балама келген саат-кырсык, баламдын жанын жеген оору, жамандык ушул акча менен чыгып, барар жерине барсын! Баламдын башы-көзүнөн садага! – деп, дагы бир топко чейин ичинен күбүрөнүп бүтүп, тыйынга үч ирет: “Тфу, тфу!” – деп түкүрдү да, салпылдап жетип келген бечаранын колуна карматып:

– Ме! Бекем кат да, артыңды карабай чуркап кет! Тигине, апаң келе жатат! Бар! – деп өздөрү келген тарапты жаңсай көрсөтө салып, өзү да кеткенге шашкалактап калды.

Акыл-эси тайкы болгону менен энесин издеп чыгып, эми ошолор көрсөткөн тарапты карай дулдулуңдап чуркап бараткан баланы карап туруп, баятан бери ичинде ит өлүп араң келе жаткан Касен “тарс” жарылып, көрпөчөнүн бир учун коё берип, четке чыга берди:

– Тфу, сенин бетиңе! Кантип дитиң барды?! Өзүмчүл! Акмак! Көрсө, мен келесоолугумдан өз баламды талаага таштап салып, сенин балаңды көтөрүп келе жаткан турбаймынбы! Сенин балаң – бала, калганыбыздын балабыз бала эмес экен да?! Ушу… мен да акмак! Ушу кем акыл балача мээм жок!

Адегенде жакалашчудай кысаңдай түшкөн Абылай кайра өзүн кармап, Алымкандын уулунун артынан беттенип калган Касендин тизесин кучактап отура калды:

– Антпе, Касен? Бир тууганбыз, бир боорбуз. Мени эмне, жыргаганымдан же көпкөнүмдөн ушуга барып жатат дейсиңби?! Бул – салт, ата бабадан келе жаткан ырым. Болбосо, Бектемир да, Асан да, тиги бала да мен үчүн бирдей… Суранам, Каке? Асанды агалары издеп кетпедиби, сөзсүз таап келишет. Көрөсүң го. Менин жүрөгүм сезип эле жатат. Ал аман-эсен, ойноп-күлүп эле келе жатат. А Бектемириң сенин көз алдыңда жатпайбы минтип?!. Кантип таштап кетесиң?! Балаң үчүн батамды берейин, каалаганыңды берейин, Каке?!

Абылайдын: «Менин жүрөгүм сезип эле жатат. Ал аман-эсен, ойноп-күлүп эле келе жатат», – дегенине бир аз ток пейил тарта түштү. Анткени, өзүн да сооротуп келе жаткан ушул ой болчу. “Болбосо, мына бу башканын тамырын тартып, башканын ички дүйнөсүн билген жүрөк өз балама келгенде кантип эле эч нерсени сезбей, жайбаракат калсын? Бир жамандык болсо, сезет элем… Ылайым эле ошондой болсо экен”, – деди оюнда.

Алардын талаш-тартышын угуп, сезип, денеси от менен жалын болуп келе жаткан Бектемир катуу бир онтоп алды. Чындап эле ага боору оорудубу же дагы эмне болуп кетет деп коркуп, эптеп эле айылга жеткиси келдиби, Таңырбай:

– Каке, “урушта – туруш жок” дейт. Алладан жаман уулуңдун аманчылыгын, жакшылыгын тилейли. Бектемир да сенин балаң, айткандай эле өмүрү сенин колуңда турат. Ай-талаага калтырып кетсең болбойт го? Сен деген касиеттүү жайчы атанын тукумусуң да, Касен?! – деп кыйпычыктап жиберди.

“Жайчы атанын тукумусуң да” дегенди укканда, ушул атка эзелтен кир жугузгусу келбеген Касендин денеси ымыр-чымыр болуп, эми эле тарамыштай түйүлгөн булчуңдары бошоп, өзүнө келе түштү. Анткени, бул сөз анын бала чагынан берки кулагына кыттай куюлган, жагымдуу сөз эле. Бала кезде ыйлап калса да чоң энеси менен өз энеси: “Кагылайын, ыйлаба. Сен деген касиеттүү атанын тукумусуң. Акылдуу болушуң керек. Сен жөн бала эмессиң да”, – деп сооротуп, бооруна кысчу. Аталары да аны ушул сөз менен шыктандырып, ошол сөздүн арты менен башка балдардын арасында өзүн-өзү баалап, көтөрүп жүрүүгө үйрөтүшкөн. Кийин, ата сакалы ээгине бүтүп, пайгамбар жашынан өтүп калган ушу учурда деле касиеттүү жайчы атанын тукуму экени ага дем, күч, кубат берип келет. Өзү да уул-кыздарын ушул сөз менен оозандырып, ушул сөз менен таптап, өстүргөн. Айрыкча муну Асанга көп айтар эле: “Балам, сенин ата-бабаларың жөн кишилер болгон эмес. Сен деген тектүү тукумдун урпагысың. Ата-бабаларыңдын арасында кыш чилдеде торгой сайратып, жай чилдеде кар жаадырган катуу жайчы болгон. Ошол жайчы атабыздын ай десе – айдай, күн десе – күндөй болгон, акылына ай ааламдын бүт аялзатынын акылы чак келе албаган жалгыз кызы болуптур. Атасы ушул кызына өз өнөрүн төкпөй-чачпай үйрөткөн имиш… Мына ошол өнөрдүн керемети менен биздин эжебиз бир айыл элди чоң алааматтан сактап калган имиш
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   Саби   19 Июль 2017 - 14:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 263
  • Катталган: 03 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 12 Дек 2021 11:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Окудум бирок менин оюм боюнча начар жазылган чыгарма.Жеткиликтуу эмес .
Бул кун сенин эн бактылуу кундорундун бири
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   asefsa   23 Июль 2017 - 20:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

улантсанар жакшы болот эле,биз кутуп окуп атабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   bema_bema   26 Июль 2017 - 17:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 224
  • Катталган: 22 Июль 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

– Ата?.. Ы-ых! – деп, Кудайга үнү жетип онтогону Касенди оюнан ойготуп жиберди. Абылайдан мурун учуп жетип, Бектемирдин тамырын кармады:

– Тезирээк айылга жетүүбүз керек!

***

Айылдын кенедей балдарынан тартып кемпир-чалдарына чейин, улам бир үйдөн сереңдеп чыга калып, карагандары эле тоо жак боло берди.

– Көрүнөбү?

– Жок…

– Капырай, мынча эмнеге жоголушту?! Деги аман-эсен келишкей эле.

– Аңгыча тамдын үстүнө чыгып алып карап отурган баланын: Келе жатыш-ат! Келе жатыша-ат! – деген кыйкырыгы бүт айылды дүрбөтүп койду. Улам бир үйдөн экиден-үчтөн, айрымдарынан беш-алтыдан катын-бала чуркап чыгып, баары жабыла тоо тарапты карап калышты.

– Ботом, жөө келе жатышабы?

– Жөө экен.

– Кудай, айланайын, деги тынччылык эле болсо экен…

Баарынан да сыртка да чыга албай, минтип кепке да аралаша албай, көздөрүн жалдыратып эле ар кимди караган Сайрага кыйын болду. Баятан тегеректеп, ансыз да ичинен өрттөнүп, тилсиз жаткан бечаранын жаратына ого бетер туз сээп, Бектемир менен Кызмончок тууралуу, ыраматылык Асылбек менен Сырга тууралуу, ошолордун айынан ушундай абалга кириптер болуп калган байкуш Абылай менен Сайра тууралуу билип да, билбей да сүйлөшүп, анткен менен ичтеринде Бектемир менен Кызмончоктун артынан кеткен өз жакындарын ойлоп отурган катын-калачтын баары тапырап сыртка чыгып кетишкенде Сайра өзүн чындап эле тирүүнүн өлүгү сезип кетти. “Адам э-эй, адам болбой калыш бат эле турбайбы, кокуй!..” – деди ичинен.

Кечээ эле сопсоо туруп тил-ооздон калган Алымканды шылдың кылып, жамандыгынан ушундай акыбалга келгендей түшүнбөдү беле. “Жаманды төө үстүнөн ит кабат” деген ошо! Таштап кетип, эри да туура кылат. Жарым жан эмени карап отура бермек беле! Ага да жашоо керек да кокуй!” – деп шордуунун элден четтеп, кирбиңдеген кебете-кешпиринен иренжип, киши катарына кошкусу, дит багып карагысы да келбей калган. Мына эми, ошол жаман Алымкандын жанында какылдап-какшап отуруп эле анын кейпин кийип, жок, андан да жаман акыбалда калбадыбы. Ал го, тил-ооздон калганы менен текилдеп басып жүргөн. Бул кантет эми?! Же жаманын жаап, жакшысын чыгарар кыз-келинден жок. Эркек киши канчага чыдайт дейсиң? Атакөрү-ү, көрсө, бат эле экен да? Адам бир аздан кийин эле өзүн эмне күтүп аларын билбейт турбайбы…” – деген ой, өксүк Сайранын тамагына кептелип, ысык жашка айланып, мөлтүлдөп жаагы ылдый куюла берди. “Балам эмне болду экен? – деди ошондо да жүрөгү кабынан ыргып кетүүчүдөй дүкүлдөп. – Аман-эсен келсе экен…”

Баласы азыр эшиктен кирип келсе эле бакырып ордунан тура калчудай, баары жай-жайына келип, бапыратып тойго камынчудай сезилип кетти ага.

Эшик тарапты карады. Мына:

– Апа?! –деп адатынча жароокерлене кирип келди уулу.

– Бекибай?! Балам?! – балбаалап ыйлап, эреркеп кетти. – Барсыңбы, балам?! Аман-эсенсиңби? ! О, Кудайым, ай! Балам-м!.. Менин балам!

– Апа, сага эмне болгон? Кебетеңиз кантет? – уулунун элеси кудум баягысындай эле энесинин жанына чөгөлөп отура калып, колдорун ушалап, чекесинен өбөт.

– Эмне, эшикке чыкпай, бу жерде жалгыз жатасыз? Элдин баары тойго камынып жатса…

– Той? Эмне той?.. И-ий, балакетиңди алайын десе! Мен куруюн… Сени күтүп, сенин күйүтүңдөн… Болду эми, жатпайм… Жатпай калайын!

– Ошентчи, апа! Экинчи коркутпай жүрчү бизди, жарайбы? Тигине, келиниң да келе жатат.

– Келинимби? О, Кудай, айланайын!

Мунуңа да шүгүр, мунуңа да тобо! Ким болсо да мейли! Иши кылып эле балам бактылуу болсо болду мага! Кагылып кетем го сенден! Экөөңдөн тең кагылып кетем го! Кана, киргизчи бери?! Келинимди бир көрсөм, анан өлүп кетсем да мейли. Бешенесин бир көрсөм болду…

Бектемир апасын кучактап өөп, ыраазы болгонсуйт. Эшик тарапка жадырай карап:

– Кызмончок? – дейт.

Сайра жылан көргөндөй жыйрыла түшөт:

– Кызмончок?! . Кызмончок дейби?!

– Анан ким?

– Угузба! Кусурум урсун аны! Желкемдин чуңкуру көрсүн! Келбе үйүмө, жылан! Кирбе! Кет! Сага балам талак берген! Албайт эми! Алдырбайм!

Кыймылсыз жаткан Сайранын кош кареги чындап эле Кызмончокту кубалап жаткандай аңтарылып-теңтерилип, акшыңдап жатып, бир убакта кулагы чуулдап, үйдүн ичин чаар алакей чыбырчык каптап, аздан соң тынч алып жатып калды.

***

Бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, айрымдары субай-салтаң эле чурулдаган аялдар менен айылда калган эркектердин баары кары-жаш дебей чуркап, келе жаткан топ караандын алдын тосуп чыгышты.

– Кокуй, бир балакет болгон го?! Бирөөнү көтөрүп келе жатышат го, ыя?! – дикилдеп алдыда келаткан Асанбү адатынча баарына угуза кыйкырды.

– Деги кимдин шору катты экен?!

– Кызмончокпу? Бектемир эмеспи деги?

Экөө тең көрүнбөйт го?!

– Эмнеси болсо да түрлөрү жаман!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   asefsa   27 Июль 2017 - 11:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   asi.gulum   27 Июль 2017 - 19:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Бема рахмат сизге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   asefsa   29 Июль 2017 - 21:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Бема уландысын кутуп жатабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: