Суперстан: Жыландын сүйүүсү - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыландын сүйүүсү «Жыландын сүйүүсү» автор тарабынан алымча-кошумчаланып, аңгемелер мене

#21 Пользователь офлайн   Delicacy   04 Октябрь 2012 - 20:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения operaledi (04 Октябрь 2012 - 18:28) жазган:

Окшошуптурбуз го.... Мен да отчеттун ортосунда калып жазып атам. Уйго ала барып да жазам, капа болбонуздар :D



мм кечирип коёсуз. Убакыт тапсаныз жазып турун.
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 20:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Таң куланөөк салганда элеойгонуп алып, түндө көргөн түшүнөн уламбы, адамдарга таарынычын унутуп, кайрада боз үйгө келди бала жылан. Жол бою чөптү аралап, шүүдүрүмгө киринип жүрүпотурду да, баягыл таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып, үй тарапка көз салды.

Үйдүн кожойкеси эшиктин алдынатаар жая салды да, үйдөн бешик көтөрүп чыкты. Боортоктоп отура калып, баласынэмизип болду да, бешиктин боосун чечип, наристенин колдорун бошотту.

Бала жыланга бешик жакты. Андагынаристенин үн салып, колдорун эрбеңдетип- сербеңдеткени аны чакырып жатканокшоду. .. Ансайын адамдар тарапка азгырылып, тыбырчылап тынчы кетип баратты! Уламберилеп жылып отуруп, акыры жакындап да келди. Наристе да анын келатканынтуйгандай, үн салганын токтото калып, ал тарапка башын салаңдата карап, тыңшайкалып жатканы, бала жыланды ого бетер «чакырды». Бирок бала жылан үйдөн баягыэркек чыга калабы деп, кооптоно берди. Анткен менен, жанагы аялдан башкакирип- чыккан бирөө-жарым болгон жок. Ошондон кийин гана ыңгайын таап, энеси үйгөкирип кетээри менен учуп-жетип, бешиктин бою менен бир болуп тура калды!

Кичинекей адамча менен кичинекеймакулук үнсүз тиктеше калышып, элейе түшкөн наристе анан бат эле “жарк” этип күлүпжиберди. Колдорун сунуп, жыланды кармагысы келди...

Бала жылан ошого маашырлана, бешиктин кармагычына оролуп алып, наристе кытылдап күлгөн сайын мойну-башынары- бери койколоктотту… Аңгыча боз үйдөн чыга калган аял түз эле экөөнү карайбет алды эле, сестене түшкөн жылан көзгө илешпей, таардын астына кире качты.

– Эмне кыткылыктайсың, берекем? Умай энең күлдүрүпжатабы? – деп сүйлөнгөн келин баланы чечип алып, жалынып-жалбарып, кийинтипжатты:

– Каралдым! Кагылайыным! Канакей, кана, жаңы чыптамаңды кийип алчы. Ой-ий, кызымдыкы укмуш болгон го,ыя! Кийимиңдин жаны морт болсун, өзүңдүн жаның бек болсун! Менин колум эмес,Умай энелериң – Батма, Зууранын колу…

Айбан да болсо бала эмеспи,жылан кошо эне мээримине магдырай түшкөн. Аңгыча баласын көтөрүп өйдө болоберген келин таардын үстүнөн бачырата басып өттү эле, эти ооруп, жаны көзүнө көрүнөтүшкөн бечара неме аялдын таманын чагып ала жаздады.

Ошол түнү ал “үйүнө” барбай, таргылташтын коңулуна кирип жатып алды. Бирок, ошол убакта ал энесинин тынчы кетип күтүпжатканын, акыры чыдамы жетпей, артынан издеп келип, адамдардын үйүнө ойдо жокжерден алаамат салып ийээрин билген эмес!..


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Просмотр сообщения Delicacy (04 Октябрь 2012 - 20:41) жазган:

мм кечирип коёсуз. Убакыт тапсаныз жазып турун.


Сиздер учун убактымды аябайм, рахмат....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 20:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Эне жылан түз эле боз үйгөкелатты! Буга чейин да баласын акмалап, адамдардын үйүнө далай келгендиктен, бул үйбүлө ага эчактан тааныш. Боз үйдүн ичинен кобур-собур үндөр, баланын«чыр- чур» этип ыйлап, кээде кытылдап күлгөнү угулат.

«Булардын баласы эч капарсыз,ата- энесинин мандайында! .. Менин баламчы?!. » – ушуну ойлогон эне жыланкерегенин астынан үйдүн ичин карады. Чырак күйүп, бир үзүм жалын үйдү жарыккылып, ортодогу чаркеш меште чатырап от күйүп, казан кайнап жатат.

Эмнегедир баласынын дабышынэшиткиси, бул жерден ээрчитип кеткиси келген жыландын акырындап шаабайы сууйбаштады. “Булар өлтүрүп койгонбу?» – деген бир жаман ой денесин дирт эттирди.О, анда эне жыланды эч ким, эч нерсе токтото алмак эмес! Анын бетин арыкылсын! ..

Эне жылан эми үйгө түз эле эшик аркылуу кирипкелатты! Шырп алдырбай, босого ылдый куюлуп кирип жаткан жыланды бирок,жубайлар байкашкан жок. Наристе гана билди. Саамга элейе тиктеп, тааныш бирөөнүкөргөндөй, адатынча канаттарын каккылап, кубанып кетти. “Гы-гы, гы»…– депбосого тарапка талпынды. Ошону байкаган жылан да көзгө илешпей, бат эле алакийиздин алдына кирип кетти.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Delicacy   04 Октябрь 2012 - 20:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 293
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 21:54
  • Жынысы:Белгисиз

ии анан
...Жыйырма эки жыл деген,
Сегизмиң отуз күн экен,
Эл башылар эр экен,
Сегизмиң отуз суткада,
5 миллион элди бүт жеген...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 21:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жарык өчкөн кезде үркөр жылдыз төбөгө келип калган. Баятан берки үчөөнүн кобур-собуру тынчып, анда-санда гана баланын чуркураганы, эненин уйкусунан серпиле түшүп «алдей» айтканы, бешиктин термелгени угулат.

Ачык түндүктөн жылдыз карап,суунун шарын тыңшаган Асылбек да ары оодарылып, уйкуга кетти. Анын дем алганы кудум Эне-жыландын кулак түбүнөн угулуп жатты.

Сырт да тынч. Тушалуу аттын дүпүлдөп секиргени, үй тараптан бир нерсени сезгендей анда-санда гана кошкурук атканы болбосо, ай-ааламдын өзү да уйкунун кучагына киргендей.

Эне жыландын күткөн убагы ушул болчу! Баятан бери баласынын шооратын тыңшап, үйдүн ичин туюму аркылуу«тинтип», бирок анын бул тегеректе жок экенине көзү жетип, акыры чындап эле ою жамандыкка токтоду. Денеси ого бетер таш-муз болуп, ансыз да сүйкүмсүз көздөрү тептегерек болуп күйүп, оор денесин жыбылжыта, ордунан козголду…

Капталдап жаткан Асылбек көкүрөк тушунун бүлкүлдөгөнүнөн улам ойгонуп кетти. Төшөгүнүн астын сыйпалап, колуна эчнерсе урунбаган соң гана бери оодарылып жатты.

– Уктай элексиңби? – Сырга кызын ойготуп албайын дегендей акырын шыбырады.

– Жок.

– Мен дагы. Эмнегедир эле жүрөгүмдүкүлдөйт.

– Эмнеге?

– Билбейм... – Сырга күйөөсүнө бекем ыктап, эркеледи, — Уйкум келбей жатат…

Бул убакта Эне жылан алардыайланып өтүп, бешикке келди да, кыймылсыз катып, баланын демин тыңшады.Эмнегедир нарситени чагып алууга канчалык ниеттенгени менен, ошого такырдарманы жетпей, ээ-жаа бербеген ээнбаш оюна энелик эрки баш ийбей туруп алды!Бирок, кандай болсо да өз баласынын куну үчүн анын ата-энесинен өч алууну көздөгөн жылан: “Бала жоготкон кандай экенин билишсин! Өзөктөрү өрттөнүп, ботодой боздоп, мага окшоп зар какшап калышсын! »... – деди да, ыкчамдык менен имерилип келип, бешиктин жанындагы сүт куюлган бөтөлкөгө уусун куюп жиберди!.. Ошондон кийин гана карышкан денеси бошой түшүп, эч нерседен шеги жок, махабатка мас болгон тиги экөөнү, Кызмончокту бир кылчайып карап алып, келген жолу менен чыгып кетти!..

Азадан өзөгү өрттөнүп, жаны күйүп,боорун жерге ныгыра-ныгыра басып, анда-санда онтоп, кышылдап ыйлап баратты анан,эне жылан!

Анткен менен ал баласынын тирүүэ кенин али билген жок. Көксөөсү сууп, көңүлү тынмайын баары бир адамдарды жайына койбостугун ойлоп, өзүнө-өзү ант берип келатты!

Ушул учурда таштын түбүндө уктап калган балажылан серпиле баш көтөрүп, алда кайдан келаткан тааныш дабышты тыңшап, селейек атты да, энесинин шоокумун тааный коюп, эдиреңдеп тосуп чыкты.

Бул убакта чукурана түшкөн кызын терметип, Сырга «алдей» айтты. Ылдам эле уктап кетчү бала эмнегедир кыңкыстай берип, таптакыр ойгонуп алды. Эмчек да эмбей, ээгин эмшендеткен эркесине энесиансайын үйрүлүп түшөт:

– Уктачы, берекем! Уктай гой…

Алдей-алдей, ак бөпөм,

Ак бешикке жат бөпөм.

Аа…Аа…Аа…

Наристеге бул сапар ыр да жакпай койду.Тынчы кетип чабалактап, башын ары-бери чайкагылап жатып, чыңырып-чычып, ыйы күчөдү.

– Жаным десе! Эмне болду сага? –деген келин өбөктөй калып, баланын оозуна эмчегин салды. Ал да жакпай,Кызмончогунун чыры күчөгөндө гана Сырга Асылбекти ойготуп:

– Атасы, ойгончу, бир жери оорупжатабы… Мындайы жок эле!.. – деп, анан:

– Сүт ичесиңби, кызым? – деп карбаластап ары жак, бери жагын сыйпалап, баланын бөтөлкөсүн издеди. Бала да ансайын алда нени сезгендей чырылдап, чучуктай чыңыра берди.

Так ушул маалда эне жылан уулуна кезикти! Баласы бет алдынан капыл-тапыл чыга калганда, чоң жыландын ансыз датостойгон көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чачырай түштү! Бир эсе эркелесе,бир эсе кечирим сурагандай, куйругунун учуна тура калып шыйпалаңдаган уулунун көздөрүай жарыгында акактай жанып, жароокерленип турган!..

Эне жылан көргөн көзүнө ишенип,ишенбегендей эсин жогото түштү! Келаткан ордунда каккан казыктай катып, бирубакта анан капортосуна чейин тикчийип тура калды да, кубангандан бекен жеачуусу келгенгеби, айтор, демейдегидей эмес, кандайдыр бир узакка созолонгон үнчыгарып:

– Тс-с-с-с! Тс-с-с-с-с! .. – депийди. Бир карасаң үшкүрүккө да, ышкырыкка да окшогон бул үн жыландын тээ куйругунун учунан бери бүт денесин өрдөп өтүп, көмөкөйүн күч менен жарып чыккан сыяктуу өтө мукам, оор болчу.

Ошондон кийин гана өзүн жагалдана тиктеген уулуна эңкейип, анын ай нуруна чагылышып, ого бетер жылтылдаган аппак, жылмакай денесин мойнуна орой, өзүнө эңип ала койду. Балажылан ушул ирмемде энесинин көздөрүнөн кулап түшкөн эки тамчы шүүдүрүмдү көрдү!..Көрдү да, таң калды! А бирок анын эмне экенине акылы жетпей, анан ал жөнүндөтез эле эсинен чыгарып, алаксып кетти. Бала жылан качандыр бир өзү да ушинтип ыйлаарын, анда билип коюптурбу! ..

Бирок бактылуу бул ирмемдер узаккасозулган жок! Бала жытына балбаалап эрип, жанбиргеси менен жыргап ойноп,эркелешип турган эне жылан бир убакта алда нени эстегендей “селт” этип алды да,денеси түктүйө түштү! Мойнунда оролуп, куйрук-башын салпаңдатып, тыбырчылап ойноп жаткан уулун анан денесинен күч менен жерге таштап жиберип, чымын-куюн түшүп кайра артына – боз үйдү көздөй жөнөдү!

Түшкөн жеринде саамга кыймылсыз жаткан бала-жылан да тура калып, безилдеген боюнча энесинин артынан баратты! Анткен менен заматтын ортосунда кыйла жерге узап кеткен зор жыланга жете албай,а бирок ансайын өжөрлөнүп, болгон күчүн үрөп, жаналакетке түшүп алды.

Билдирүүнү түзөткөн: operaledi: 04 Октябрь 2012 - 21:17

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 21:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Бул кезде үйдөгүлөр дүрбөп калышкан...

Жапжакшынакай эле ойноп уктаган баланын басылбай, чыңырып-чыркыраганы башкача эле! Ата-энеси экөө бирдей үрпөңдөп,үстүнө үйрүлүп түшүп, жалынып-жалбарганына карабай, ыйлай берген бала каратерге чыланып кетти. Жаңы эле чырак күйгүзүп, баланын бөтөлкөсүн колуна урунткан келинге:

– Эмизчи, – деди Асылбек баланыберип, — Эмизип көрчү?..

– Азыр... – деп Сырга отуракалып, баланы канчалык бооруна тартып, эмизгенге аракет кылганы менен Кызмончокансайын башын чалкалатып, тырышып туруп алды.

– Эмбей жатат! – деп анын бугачейин минтип ыйлаганын көрбөгөн келин өзү кошо ыйлап алган:

– Кудайым, ай! Эмне кылам эми?!Берекем, берекем!.. Болдучу эми, берекем! Ай, ай, ай!.

Бир убакта эсине бир нерсе түшөкалып, коркуп кетти:

– Асыке?! Курт-сурт чагып алганжокпу, ыя?!

– Кудай сактасын! Берчи мага? –Асылбектин оюна эмнегедир бала жылан элестеп кетти. Баланы колуна алып,ары-бери көтөрүп көпкө алдейлеп жүрдү да, басылбаган соң:

– Суусап атпасын, сүт берчи! –деди жаман ойдон качкысы келип. Шалдайып отуруп калган Сырга эсине келе түшкөндөй,тегерегин сыйпалап бөтөлкө издеп жатып, бир убакта бет алдын тирмийе тиктеп,ката түштү да, бөтөлкөгө сунган колун калчылдатып:

– Аа-а-аа-аа! !! – деп ай ааламдыжаңыра ачуу чаңырып алды.

Ушул тапта жыландын жарымы алибосогонун сыртында жүргөнү менен, жарымы эчак үйгө кирип, так маңдайына келип калган! Алар тиктешип калышты! Экөөнү карап, баланы бооруна бекем кыскан Асылбек да ката түштү! Атургай денесин майда калтырак басып, кара терге чыланыпкетти!

Сомодой болгон кара чааржыландын түссүз, сүйкүмсүз көздөрү чырактын жарыгында ого бетер сүрдүү,коркунучтуу болчу. Өзүнүн муун-жүүнү бошой түшкөнүн сезе, анысын ким бирөө билип койгондой, Асылбек бат эле анан намысына келе калды. Эсине бая күнкү, үйдүнартынан кезиккен бала жылан «кылт» этип: “Жакын арада ордосу бар окшойт!” –деди оюнда.

Сырга болсо жанагы ачуу чаңырыктанкийин үнү үзүлүп, анын ордуна көмөкөйүнөн кыска-кыска уңулдап, жыланды тиктеген калыбында калчылдап отурат. Жылан да ансайын Сыргадан көзүн албай, атургай анын жанында турган Асылбектин да ар кыймылын көз жаздымга кетирбей, түктөйүп тиктептурат.

Адам менен жыландын арбашканы тууралуу апасынан далай уккан Асылбек да аны көз ирмебей тиктеп, эриндерин да кыймылдатпай, аялына акырын, көмөкөйүнөн үн катты:

– Акырын, Сырга!

Ошондон кийин гана эсине келгендей, келиндин уңулдаганы басылып, жыландын да денеси саал бошой түшкөндөй болду. Ошондо да адамдарга алда нени эскерткендей, кандайдыр бир башкача сес көрсөтө:

– Тс-с-с-с!! ! – деп эки ачакей тилин соймоңдотуп койду. Үйдүн ичин саамга жымжырттык уялай түштү. Жада калса баланында ыйы басылып, атасы көкүрөгүнө тарткан сайын тыбырчылап, жылан тарапка жүткүнөкол сунуп, быйтыйган манжаларын ачакей-жумакей кылып, көңүлү ачыла түшкөнсүдү.

Ошондон кийин гана жыланга жан кирип, алдындагы бөтөлкөгө бир жыйрылып жетти да, “шып!” эттирип мойнуна илипала койду. Анын эмнени ойлоп, эмне жорукту жасаганы жатканын түшүнө албай, үйдөгүлөрүн- сөзү жок катып турушту.

Көз алдындагы окуянын өңү же түшүэкенин ажырата албай, көздөрү алайып, эси ооп отурган Сырганын денесиненалка- шалка тер кетип, кулагы да эч нерсе укпай, жыланды тиктеген боюнча эле шалдайып отуруп калды. Канткен менен Асылбек кайраттуулук кылды. Эки көзү жыланда болгону менен кыбыр эткендин баарын байкап, туюп турду. Бирок ал ушуга чейин мынчалык зор жыланды көргөн эмес! Болгондо да түн ичинде үйүнө кирип келип, заматтын ортосунда алаамат кылып ийет деп ким ойлоптур?! . Ушундай укмуштуу окуя болгонун бирөөдөн укса, ишенбейт да болчу.

Жыландын бөтөлкөгө оролгон мойну узарып, алдыны көздөй чоюла түштү да, айнектен “тырс!” эткен дабыш чыгып, бирубакта бөтөлкө бычырап кетти. Бөтөлкөнүн түбү жерге түшүп, жыландын денесинен ылдый агып түшкөн сүт акырындык менен жерге сиңип кетип жатты. Ошондо гана жылан эс ала түшкөн сыяктуу, жанагыдай эле -үшкүрүккө окшогон үн чыгарып,денесиндеги айнектин күкүмүн силкип таштап, сыртка бет алды. Жылан жана кандай кирсе, эми да так ошондой болуп, боз үйдүн босогосунан сыртты карай көпкө чейин жыбылжып “агып”, чыгып баратты. Ага удаа эле, чепеңдеп кетип бараткан баякы бала жыланды байкай койгон Асылбек: “Демек, баласын чапканым үчүн келген тура!”– деди оюнда.

Жыландар кеткенден кийин да алар бир топко чейин үн-сөзсүз, кыймылдабай отура беришти алар. Качан гана Сырга үңүлдөп ыйлай баштаганда гана Асылбек жанагыдай аста унчукту:

– Акырын!

“Дагы эмне балакет болуп кетти?!” – дегендей, Сырга элеңдеп эки жагын каранып алып, оюна жаман бир нерсе түшүп кеткендей:

– Кызмончок?! – деп чыңырып туракалды. Анын эмне ойлогонун түшүнө койгон күйөөсү:

– Чш-ш, акырын! Ойготосуң, – деди.Кызмончок мемиреп, уктап кеткен болчу.

Бул убакта эне жылан менен уулу караңгыда калдайып, ого бетер сырдуу, сүрдүү көрүнгөн тоолор тарапка кетип баратышкан...

Билдирүүнү түзөткөн: operaledi: 04 Октябрь 2012 - 22:00

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 22:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Создор биригип калып атканына кечирим сурайм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 22:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Коркконгобу же чыйрыгыпкалганбы, Сырганын ээги-ээгине тийбей, калчылдап чыкты. Асылбек кызын анынколуна кармата коюп, экөөнүн үстүнө бирдей калтар ичигин жаап, кымтылап койду. Өзүанан сыңар тизелеп отура калып, бир колуна чырак кармай, бир колу менен жылансындырып кеткен бөтөлкөнүн сыныктарын кармалап, карап жатты. Сүт төгүлүп,нымдалган жерди да сөөмөйү менен чукулап көрдү. “Бул кандай сыр?! Жыландын булэмне дегени?!” – акыл-эсин жабалактап, жалаң ушундай суроолор ээлеп алганыменен, жандырмагын такыр таба албай койду! Кайдан тапсын!..

Кара чаар жылан баласынын изинкууп, бул үйгө тээ күүгүмдө эле келгенин, жаза тайып, бала жыландын изинен жаңылганын, акыры: “Булар баламды жайлаган экен! Анда мен да алардын тукумун куруткылайын! ” – деп ою жамандыкка бурулуп, бөтөлкөгө уусун куюп кеткенин, бирокжолдо баласын таап алып, кайра келип уусун төккөнүн, бу жыландан башкача бүткөнмакулуктун бир өзүнөн, анан да бир Кудайдан башка ким билет?!

Асылбек мешке от тамызды. Кургаккуурай менен тезек заматта дуулдап, чаркеш меш “тырс-турс! ” этип ысып, үстүндөгүчайнек тызылдап, эми элеки мистейген үйдүн ичине жан кире түшкөнсүдү.

Кайнап, төгүлө баштаганчайнектен чай куюп, кызын кучактаган боюнча кыймылсыз катып отурган Сыргагасунду:

– Ысык-ысык ууртачы...

Айткандай эле жан кирип, жылый түшкөнжубайы бир убакта:

– Асылбек, – деди ыйламсырап, – Жакагакетеличи?

Күйөөсү унчуккан жок. Аялы мененкызын ороп-чулгап төшөккө жаткырды да, Сырганын көзү илингенден кийин сырткачыгып кетти.

Асман ачык экен. Тээ төмөндөн күрүлдөп-шарылдагансуунун дабышы эле болбосо, түн жымжырт болчу. Жылдыздар жымыңдап, ай жарыктурат. “Бир аздан кийин таң сүрөт”, – деген Асылбек көөдөнүн кере, муздакабадан терең-терең дем алып, көкүрөгүндө көрөңгөлөй түшкөн суроолорго жоопиздеди: «Соо жыландар эмес булар! А бирок... эмнеге алар менин үйүмдү айланчыктап, имерчиктеп калышты?! Же бир жеримден жаза тайып, жаңылдымбы? ! Эмне кылдым?!.”

Бирок жообун такыр таба албай, көпкөчейин сыртта жүрүп, качан гана жылдыз суюлуп, жерге жарык түшө баштаганда гана үйгөкирди. Ансыз да түнү бою эти от менен жалын болуп, чабалактап чыккан Сыргашыбырттан чочуп, бакырып тура калды да, Асылбек экенин көргөндөн кийин да көпкөчейин жүрөгү лакылдап, өзүнө келе албай жатты.

– Мен эле... – деген Асылбекаялын жоошута көкүрөгүнө кысты, – Болду эми, кечке эле корко бербей! Алар эмикелбейт. Кетишти...

Анткен менен бир эле түн ичиндеушунчалык өзгөрүлүп, өңүнөн аза түшкөн келинчегин аяй, кабыргасы кайышып кетти.Баладай кылып кымтылап жаап, төшөгүнө кайра жаткырып жатып, эмнегедир эсинечарадагы сүт түшүп кетти. Жакын келип, сүткө үңүлө карады. Каймагы калдайып,демейдегидей эле өңдөндү. Ошентсе да алда неден күмөн санай, сүттү эшикке көтөрүпчыгып, үйдү айлантып чубурта төктү да, куйругун шыйпаңдатып жетип келген дөбөткөкалганын куюп берип, ит ичип бүткүчө карап турду. Кожоюнунун бул жолкумарттыгына таң калгандай, Кумайык шоңшоюп отура калып, дагы үмүт эткендейАсылбек менен чараны алмак-салмак тиктеди. Кудай жалгап ит эч нерсе болгон жок.Бир топ убакыттан кийин итти кайра да чыгып карады.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 22:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Сырга уйкусунан ойгонгондо күнкыйла көтөрүлүп калган. Ошентсе да, демейдегидей болбой денеси талыкшып, башы көтөрүлбөйкалыптыр. Нымшып тердеп, алсыз шалдайган колдорун араң көтөрүп, төшөнчүсүнжыйды. Анткен менен Асылбектин ашыкча камкор боло түшкөнүнө ичи жылый, көңүлүкичине көтөрүлө түштү. Бирок бир убакта көздөрү алда неге уруна калып, эмнекылаарын билбей калдастай калды да, эшикке чуркап чыкты:

– Асылбек?! Асыке дейм-м?!

Атын токуп жаткан күйөөсү тизгиндимамыга шашылыш орой салып, чуркады:

– Эмне болду?!

– Жүрсөң, Асыке?! – башка эчнерсе айтпай эле эрин билектен алып, үйгө жетелеген Сырга босогонуаттап- аттабай жатып, түндөгү бөтөлкө сынган жерди көрсөтүп:

– Тигини карачы! – деди өзү да бүшүркөйкарап.

Асылбек сыңар тизелеп отура калып,мештин алдында чалкасынан түшүп, курсагын чандайтып өлүп жаткан чычканды көрдүда, буларга жедеп көнүшүп, эчактан тааныш болуп калган, кичинекей зыяны жок макулуктукамчысынын учу менен оодарып карап:

– Ыргытпа! – деди калак көтөрүпкелген Сыргага.

– Эмнеге? – таң кала сурадыкелин.

– Жөн эле. Кокус ууланып өлгөнболсо, ит-сит жебесин дегеним.

Ушул жолу Сырга дагы суранды:

– Асыке?! Бул жерден кетеличи?! .

Укпай калган окшоп, Асылбек андада үндөгөн жок. Чычканды калакка өзү салды да, алып чыгып баратып:

– Тигил, сүттүн ордун кырыпсалчы, бала кармабасын! – деп үйдү айланып басып кетти.

Сырга бул күнү кечке кызынколунан түшүргөн жок. Качан гана уктаганда жүктүн үстүнө жаткыра коюп, жердегиала кийизди эшикке жайды. Түндө сүт төгүлүп, нымдалышкан жерди шыпырып салып,ошол жердеги бармак басымдай оюктун оозуна топурак толтуруп койду.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Үйдөгүлөр качан тынчый калып, эшикке кеткенде, же уктаганда ошол оюктан дайыма жанагы чычкан чуркап чыгып, ары-бери жүгүрүп тамак издечү бечара. Анын кичинекей көздөрү өтө коркок, анткен менен баланыкындай ойноок, мээримдүү болчу. Адегенде Сыргадан аябай коркор эле. А кийин экөө көнүшүп алган. Сырга уянын оозуна дайыма тамак коюп койчу. Айткандай эле, ошондон кийин чычкан чыны менен эле капты жыртып, жууркан-төшөктү аралаганын койгон. Качан-качан уядан анын тумшугу, анан жылтылдап көздөрү көрүнүп, башы кылтыйып чыкканда Сырга:

– Ой, жалкоо, тамаксоо! Дагы чыктыңбы? Тамакты талаадан издебейсиңби! Биз кеткенде кантесиң?! – деп тап берип калчу.

Байкуш чычкан! Көнгөн адаты менен бу жолу да эртең менен жүгүрүп чыгып, ууланган нанды жеп ийип, тындым болуп жатпайбы!

Ансыз да босого тарапка улам кылчактап, жылан кирип келаткандай элеңдеген Сырга чычканын шылтоо кылып, бышактап ыйлап алды. Канчалык карманганы менен, акыры андан ары карманууга кудурети жетпей калды. Түнү менен жөөлөп, эти от менен жалын болуп, улам түшүнөн чочуп тура калып, уктабай чыкты.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   asanaka   04 Октябрь 2012 - 22:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 08 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Май 2013 21:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:СУРГУТ, ӨЗГӨН.

Чыдамсыздык менен кутуп жатам ............
ОЗУМДУ ОЗУМ СУЙОМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 23:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Эртең менен эрте аттанып, жакага түшүп кеткен Асылбек түш оой Бүбү кемпирди алып келип калды.

Бүбү кемпир жети күнү катары менен Сырганын жүрөгүн көтөрүп, дем салды. Ар бир жолкусунда өзү кошо шалкылдап тердеп, миң бырыш баскан чүтүрөкөй жүзү бирде кубарса, бирде кызарып, көздөрү бирде сүзүлүп, бирде аңтарыла түшүп: “сүф-ф!” – дем улам дем бүрккөн сайын жоолугунун астынан булайып чыккан ак буладай чачтары кошо сапырылып, желге желпилдей түшүп жатты.

Ара чолодо энтигип, эси оогондой эки колун “шалак” таштап ийип, шалдайып отуруп калат да, бир топто барып:

– Бери болчу! – деп эти качып, териси эле калган арык, анткен менен карылуу колдору менен улам кайра келиндин жүрөгүн көтөрөт.

Ара чолодо Кызмончокко да дем сала коюп жатты да:

– Кудайым чоң сактаган экен! – деди, – Балага катуу көз тийиптир! Бирок, Кудайдын кудуретин карабайсыңарбы! Кайра эбепке – себеп кылып...

– Кимдин көзү тийет, апа? Жайлоого чыкканы киши-кара деле келген эмес?

“Мени эмне, калп айтып жатат дейсиңби?! ” – деп жактырбагандай эне келинди кыйгачтай карап алды да:

– Кишинин көзү тийсе, наристе көтөрүшү мүмкүн. Кеп башка... – деп келатып, көздөрүн жума калып, көпкө чейин унчукпай чайпалып отурду да:

– Астафрылла! .. – деп жакасын карманып ийди, – Буту-колсуз, ырайы суук кара чаар жыландын сугу өткөн экен буга!..

Кемпирдин кудум жыланды өз көзү менен көргөндөй окшоштуруп айтканына таң калып, Асылбек менен Сырга бири-бирин карашты.

– Ооба, апа, алиги жыландын кебетеси так ошондой болчу, – деди келин.

– Ошондо жылан үйүңөргө экинчи жолу кириптир... Биринчисинде мына бу жерде жаткан окшойт... – Асылбек, жатчу жерди таягынын учу менен чукулап койду, – Жарык өчкөн кезде анан бешикке келиптир... Асылбек, сен туйган экенсиң го?!

Асылбек “селт” эте түштү: “Менби?! Кантип?!..” Анан бир нерсе жүргөндөй көкүрөгүнөн алды бүлкүлдөй түшүп, бирок сыйпалап көрүп, колуна эч нерсе урунбаганы, Сырга экөөнүн сүйлөшкөндөрү эсине түшүп кетти.

– Бирок, ошо байкабай калганың дурус болуптур, – деди эне анын оюн окугандай, – Бу да болсо Кудайдын колдогону да... Ошондон кийин жылан бешиктин жанына келип, балага назарын төшөп, көпкө карап турган экен, сугу өтүп кеткендей... Бала чыңырып-чычып ыйлады беле? – көздөрүн ачпаган тейден, ошол окуяны кудум көрүп жаткандай сүйлөнө берди эне.

– Ооба! – дешти жубайлар.

– Бирок жыландын кайрылып келгени жакшы болуптур! Болбосо, сугу баланы соо кылмак эмес! Жарыктык, ошону билип, назарын кайра алганын кара!..

– Апа, аларга эмне керек экен?! – деди Асылбек чыдамы түгөнгөндөй.

Апа андан аркысын айткысы келген жокпу, же чын эле чарчап калдыбы:

– Балам, мен кары кишимин. Чарчадым! Анын үстүнө мен Кудай эмесмин да! Теңирдин айт дегенинен ашыкты айта албайм! – деп койду.

Качан гана жетинчи күн дегенде Сырга өзүнө келип, төшөктөн турду. Ошондо гана Бүбү кемпир үчөөнү маңдайына отургузуп алып, улам бирин камчы менен жонго таптап, көпкө чейин дуба окуду. Андан кийин да теспесин тегеретип, эриндерин гана бүлкүлдөтө ичинен күңгүрөнүп, көздөрүн жума чайпалып отурду.

Кичинекей Кызмончок да алда нени түшүнүп койгонсуп, атасынын алдында момурап, кемпирден көзүн албайт. “Эми дагы эмне деп ийет?” – деп ичтеринен түйшөлгөн жубайлар бири-бирин үнсүз карашат. Тээ далайда гана кемпир ичиркене, денесин бир катуу силкип, жыйрылып алды да:

– Ля иляха-илляллоху мухаммадур расулулах! – деп бир нече жолу үн чыгара келме келтирип, – Астагфираллах, астагфираллах! – деп жакасын карманып ийди. Ошондон кийин да далайга барып майы түгөнүп, бүлбүлдөгөн көздөрүн жылтырата чала-була ачып, өзүн тиктеп, үн-сөзү жок алайып отурган үчөөнү кыдырата карап:

– Бул балада касиет бар экен, – деди Кызмончокту ээги менен жаңсай, – Колдогону бар экен...

Бир убакта кемпир башка дүйнөдө жүргөндөй өзү менен өзү болуп кетти. Ким бирөө менен сүйлөшүп жаткандай бирде угуза, бирде угузбай күңгүрөнүп атып:

– Ал силерден кетпейт го... Кетпейт! – деди, – Акыр аягында бири-бириңе ымалашып! .. Астагфираллах! Көзүм эмне шумдукту көрүп, көкүрөгүм эмне шумдукту туюп жатат?! Шумдук бул!..

Бүбү үн чыгарбай, алда нени угуп жаткандай дымып, жымжырттыкка кулагын түрө тунжурай калып, тээ далайда барып анан:

– Өх-х-хх!.. – деп өзөгү жарылып кеткендей созолоно, узакка үшкүрдү да, шалдайып отуруп калды.

– Апа?! – деп ийди жедеп чыдамы кетип, жүрөгү лакылдаган Сырга бир убакта, – Эмне көрдүңүз, апа?!

Өңү түктүйгөн Асылбек да кемпирден ушуну сурагысы келип, бирок өзүн кармай, сабыр тутуп отурган.

– Билбейм! – деди кемпир чындап эле өзүнө-өзү күмөнсүй, – Жакшылыкка да, жамандыкка да окшобогон бир укмуш!

Башка эч нерсе айтпай, этек-жеңин кагына анан ордунан козголду:

– Мен кетейин...

– Ачык айтып, ак сүйлөңүзчү, апа?! – Сырга анын этек-жеңине жармашты, – Айтыңызчы, апа?!

– Чш-ш! Кантет? – деди эми бүбү кемпир аны жоошута бек-бек айтып, – Ботом, бу кандай опсуз келинсиң, өзүң?! Мен жыландардын адам баласына ык тартып, зыянсыз аралашканын айтып жатам!

– Аа... – деген Сырганын жүрөгү ылдыйлап, ынангансып калды да, ордунан тура калып, байбиченин үстүнө көйнөк-чапанын жаап, сүзмө-курут, каймак-май, набат салган куржунун ала чуркап:

– Апа, муну бала-бакырага ала бараңыз, – деди.

Байбиче босогого жеткенде алда нени унутуп калгандай артына атайын кылчайып:

– Айтмакчы, ал макулуктардан эми чочучу болбогула. Жыландардын силерге залакасы жок! Жакшылык-жамандыгыңарда жаныңарда болчудай... Бирок бу тууралуу көрүнгөнгө айта бербей, сыр сактаганыңар оң! – деп анан алакан жая бата кылды, – Омийин! Жараткан Теңирим силерди жамандыктардан, саат-кырсыктардан коргоп, колдосун!

Бүбү кемпирди Асылбек куржун-чанач артылган боз бээге так көтөрүп атказды да, тээ Жинди-Чаптан ары ашырып, узатып келди.

– Болду эми, балам! Катын-балаң жалгыз эмеспи, кайта бер! – деди ошол жерге жеткенде апа, – Эми мындан аркы жер сырдана го, жетип алам. Бара гой!

Айткандай эле адырдын этегинен чоң апасынын жолун акмалап, небере-чөбөрөлөрү тосуп жүрүшкөн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 23:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Канткен менен касиеттүү кишинин жети күнкү деминен уламбы, Сырганын өңүнө кызыл жүгүрүп, баскан-турганы баштагысындай оңоло түшкөнгө Асылбек да жайдарылана түштү.

– Тигил апа эмнени эле сүйлөп кетти? – деди кечки тамактын үстүндө Сырга, – Абдан сыпайы киши эле... Жарыктык, кичине алжый түшкөнбү?

“Ырас эле” деп ойлогон Асылбек да ошого ынангысы келип:

– Өгүнү: “Быйыл күздө токсон жетиге чыгам” деп божурап келди. Дагы сөөгү жакшы, кыйын киши экен, – деп жубайына оюн-чындан тамаша айтты, – Бир жылан көргөнгө эле ушунча убара кылдың, ушу сен алтымышка жетпей, алжыбасаң болду...

Кыткылыктап күлгөн келин адатынча күйөөсүнүн мойнуна оролуп, эркеледи:

– Болду да эми, кечке эле ошону айта бербей!

– Болбойм! Эмнеге болом! Же калппы?..

Экөө анан алышып ойноп, ошол жерге кулашты.

Бирок так ушул күндөрдөн, ушул убакыттан баштап, чын эле бир укмуштуу окуянын башталганын алар байкашкан жок.

Бул убакта ары карап ойноп отурган Кызмончок өз тилинде чулдурап сүйлөп, кытылдап күлүп жатты. Ата-энеси болсо: “Бала жакшы ойноп жатат,” – деп санаалары тынч. Бала жылан адатынча керегенин астынан жарым жартылай кирип алып, мойну-башын койколоктотуп, наристеге бийлеп берип жаткан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   asanaka   04 Октябрь 2012 - 23:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 415
  • Катталган: 08 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 07 Май 2013 21:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:СУРГУТ, ӨЗГӨН.

Уйкум келбейт еми толук окуп бутмойунчо.
ОЗУМДУ ОЗУМ СУЙОМ
ДЕМЕК СЕНИ ДА СУЙО АЛАМ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 23:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Бара-бара Кызмончок да жыланга көнүп, көрүнбөй калса тегеренип издеп, кайсалактап калчу болду. Кээде атайын эле тыпылдап жөрмөлөп барып, жылан кирип-чыкчу керегенин астын шыкаалап, үн салып чакырат эле. Бала неме жылан эмне экенин билип коюппу, тек гана аны көздөрү жылтыраган, эки ачакей тили, жаны бар оюнчуктай көргөндүр...

Көпкө чейин байкабаганы менен Асылбек менен Сырга жыланды кийин көрө калып жүрүштү. Атургай алар бара-бара Кызмончоктун жылан менен кадимкидей үн алышып, чулдурап сүйлөшүп, көнүшө түшкөнүн да баамдап, байкай башташты. Бүбү эненин алжыбай-этпей эле, касиетинин али күчүндө экенине ошондон кийин гана ынанып, жыланга кол көтөрмөк түгүл өздөрү да ага акырындап көнүшүп, атүгүл ансыз коңултуктап калышчу болгон. Жылан да ошону сезгендей, буларга эми ачык эле аралашып, ээн-эркин сойлоп келе баштады. Кудум ойноп-ойноп чарчаган балага окшоп, Кызмончок уктаганда кошо уктап, бешиктин аяк-башына түйүнчөктөй түйүлүп жатып калат да, ал ойгонгондо кошо турат.

Бара-бара Сырга да ага ишенип алды. Эшикке кенен-кесири кирип-чыгып:

– Мен бээ саап келейин, сен Кызмончокту жакшылап карап тур, ээ? – деп, кээде: – Суу апкеле коёюн, жарайбы? – деп кишиге ишенгендей ишенип кетет да, бирок баары бир шашкалактап, жүгүрүп келет

Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун арасына жаз менен жай канчалык кеч келген сыяктуу, күз да ошончолук эрте келет. Эртели-кеч күн сууктап, жакага түшөр маал да кирип келди.

“Көчөбүз” дегенден бери жылан жөнүндө ойлончу болгон Сырга:

– Тиги эмне болот? – деди үй чечип жатканда санааркай. Ал жыландын атын атагандан айбыгып, дайыма ошентип койчу:

– Кызык, биз кетсек тигил издебес бекен?.. – деди дагы.

– Ким билет, издеп-издеп калар да! – деген Асылбек өзү да азыр ушуну ойлоп турган. Бир чети анын макулук болсо да буларга ылым санап, аралашып алганына ичи жылыса, бир чети андан таптакыр кол өзүп кетүүнү эп көрдү.

“Бөрү баласы ит болбойт”, канткен менен айбан да. Бирде болбосо бирде жазып-тайып! .. – ушуну ойлогондо Асылбектин денеси “дүр-р!” дей түшөт, – Бала деген бала да, ойноп жатып ачуусуна тийип алса, айбан неме?!..”

Жыланга чактырып, баласынын “чыр-р!” эткени көз алдына элестей түшкөн Асылбек эми өзү да бул жерден эртерээк кетүүнү ойлоп, шашып калган.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   operaledi   04 Октябрь 2012 - 23:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Жылан келгенде боз үйдүн орду гана калыптыр!

Адегенде эмне болуп кеткенине түшүнбөй, адашып башка жерге келип алгандай айлана-тегерегине чебелене карап, акыры асман-жери аңтарылып кеткендей болду! Анткени, жандилинде жакшы көрүп, өз тукумунан артык көргөн бул эки аяктуу пенделерин жоготуп, чаламандын чак түшүндө таппай калам деп ойлобосо керек ал!

Жылан да болсо көздөрү алачакмактап, ордунда тегеренип-тегеренип кетти! Үнү чыкпаганы менен жандүйнөсүндө ааламды жаңырта бир катуу кыйкырып алды! Боз үйдүн ордун улам кайра, улам кайра тегеренип, Кызмончоктордун кай тарапка кеткенин аңдай албай, ааламды айландыра карачудай, тикесинен тикчийип туруп алып, көзү жеткен жерлерди кыдырата карады.

Анткен менен бала жылан бу кезде баягыдан алда канча ирденип, алда канча чоңоюп калган...

Өздөрү эч кимге эчтеке айтпаганы менен, айыл-ападагылар эчак уу-дуу болуп, эки кишинин башы кошулса эле кеп кылганы Асылбектин үй бүлөсү болуп калыптыр. Жада калса коңшунун:

– Сыйга апа, өөлайды өөп алайынбы? – деп мурдун шор тартып, эртели-кеч өйгө эрчишип кире берчү балдары да буларды чочуй карап, бойлорун ала качып калышкан экен. Бир күнү анан ошол балдардын чоңураагы Сыргадан:

– Сыйга апа, сиздин өөлай чоңойгондо жылан болотпу? – дейт элейе карап.

– Ок! Эмне дейт?! – ансыз да араң жүргөн Сырга чочуп кетет, – Ким айтты антип?!

– Тиги-и... апам, анан Бөкөндүн атасы, Жийденин апасы... Ии-и... – деп какап-чакап жатып бир топ кишинин аттарын атап жиберди бала.

Эзели оозунан жаман кеп чыкпаган Сырганын жаны кашайып кетти:

– Ошолордун оозуна кара таш! Капырай, кенедей баланы ошенткенге кантип ооздору барат?!.

Деген менен уурусу кармалып калган кишиче өңү түктөйүп, кенедей баланын көздөрүнө тике карай албай кайпактап кетти.

Ал эми кичинекей Бектемир бала болсо да Сырганын:

– Жок! Алар калп айтат! – дегенин уккусу келип, анын көздөрүнөн бир нерсе издегендей үмүттүү карады. Бирок, тилекке каршы Сырга апасы антип айткан жок. Эмнегедир шаабайы сууй түшкөн бала, кошуна апасы үйүнө кирип кеткенден кийин да бутунун учу менен жер чукулап, көпкө чейин ошол жерде турду...


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 00:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Ошол жылы кар эрте түшкөн. Түнү бою балпалактап жаап чыккан кар таң атканча тоо-түздүн баарын аппак кылып боёп таштады. Эртең менен чыйрыгып ойгонгон Сырга туруп эле терезени карап:

– Кар жааптыр... – деди. Эмнегедир эсине бала жылан түшүп кетти.

– Тигил байкуш кантти экен? – деди анан тоо тарапты санааркай карап. Бирок Асылбек чын эле ачууландыбы же тек гана ошентимиш болдубу, айтор жактырбагандай күңк этти:

– Ал жөнүндө экинчи кулагыма угузбачы! Ансыз да элден жакшы сөз уккан жокпуз!

Сырганын оозу жап болду. Ошондон кийин жылан жөнүндө кеп кылганын токтотуп, бара-бара эсинен чыгарып да таштаган. Анткен менен жылан дайыма наристенин түшүнө кирчү. Кудум баягысындай койколоктоп бийлеп, Кызмончокту күлдүрүп, ойнотуунун аракетинде боло берет эле. Ошондон уламбы, “шырп!” эткен дабыш чыкса Кызмончок элеңдей түшүп, тегеренип издеп калчу. А бирок ата-энеси аны байкачу эмес.

Эл ичиндеги уу-дуу ушак азайып, эл катары тиричилик өтө берди. Асылбектер жаз алды менен акылдашып, бул жайда жайлоого конуш которуп, таптакыр башка тарапка көчмөй болушту. А бирок!.. Бирок алардын антээрин билген сымак, күндөрдүн бир күндөрүндө булардын турмушунда баягы бала жылан кайра да пайда болду!..

Кызмончоктун тили чыгып, жыгылып-туруп басып калган.

Кыркындын маалы болчу. Наристе кой короодо, эне-атасынын жанында ойноп, колундагы чыбыгын сереңдетип, мал айдаган болот. Аны көрө ата-энесинин ичи эзилип, жалынып-жалбарып коюшат.

– Эптеп киши болуп келатат ээ, атасы? – деген Сырга, Асылбек улам бир койду жылаңачтап, жүнүн сыйрып алып тургузган сайын экинчисин шыйрактап келет.

Аңгыча короодогу мал “дүр-р!” этип үркүп, Асылбектер жактагы бурчка чогулуп калышты. Короонун аркы бурчунда сербейип, Кызмончок эле калыптыр!

– Буларга эмне болду?! – деди Сырга ары жак, бери жакка сереп салып.

– Ит-сит жүргөндүр да, – деген Асылбек ага анчейин маани берген жок. Сырга да ошого ынанып, тынчый калды да:

– Кызмончок?! Кел бери? – деп ичи ысый, элжирей чакырды. Бирок кызы апасын карап да койгон жок. Чыбыгын турган жерине таштап салып, ошол жердеги жем-акырдын ичине колун сунуп, өзүнчө кытылдай жыргап күлүп, өзү менен өзү сүйлөшө берди.

– Кош! – деп Сырга бурчка тыгылган койлорду бери айдады эле, эмнегедир бири да жылбай, көшөрүп туруп алды.

– Буларга эмне болгон?! – деп аларды артынан түрткүлөп жатып, бир убакта оюна бир нерсе түшө калгандай “селт” этип, жүрөгү лакылдап кетти. Кызынын жанына кантип учуп жеткенин өзү да байкаган жок.

Жаңылбаптыр! Койлор жем жечү узун акырдын ичинде ийрелип жаткан жылан башын көтөрүп, Кызмончокту тиктеп туруптур. Сырга эмне кыларын билбей кетти! Оозунан келмеси ыргып, же кызын көтөрүп ала коё албай, же күйөөсүн чакыра албай, экөөнү алмак-салмак тиктеген боюнча нес боло түштү.

– Эмне болду?! – деди аны байкай койгон Асылбек. Сырга жооп берүүнүн ордуна, оозунан алдырган кишидей аны жалдырай тиктеди. Ошондо гана Асылбек ишин токтото коюп, алда неден кооптонгондой басып келди да, көргөн көзүнө ишенип да, ишенбей да делдирей түштү – жылан! Болгондо да баягы бала жылан! А бирок андагыдан алда канча өзгөрүлүп, кадыресе жыландай чоңоюп калыптыр. Булар жыландын ошол экенин анын өңүнөн, көздөрүнөн таанышты. Атүгүл Кызмончок да аны таанып, быйтыйган алаканы менен башынан, жонунан сылагылап калыптыр. Ак жылан ансайын балбырап, буларга сагынычын билдиргенсип, ким-кимисин муңайым тиктейт.

Сырга эсине келе калгандай анан баланы так көтөрүп ала койду эле, Кызмончок чырылдап ыйлап, жыланга умтулду. Эмнегедир Асылбектин жаак эттери карышып, булчуңдары чыңала түштү. Эл ичиндеги: “Кызмончок чоңойгондо жыланга айланып, жыландан балалуу болот имиш!” – деген кеп кулагында кайра-кайра кайталанып, мээсин эзип жиберди. Ошон үчүнбү, жыланды жек көрүп, ушул жаткан жеринде жайлап салгысы келип, колундагы жаркылдаган курч , миздүү жуушаң кайчы менен тап берип калды эле, жылан заматта көздөн кайым болуп, Сырга дагы чырылдап жиберди:

– Жинди болдуңбу?! – деди ал энтиккен күйөөсүн каруудан ала, – Баягыны унуттуңбу?! Дагы буларды өчөштүрүп... азапка кабылалы дейсиңби?!

– Эк! Барчы, ары! – Асылбек аны түртүп ийип, ары басып кетти.

Ошол күндөн тартып бул үйдөгү убайым, баягы сары санаалар кайра дагы башталды.

Ак жылан болсо баарына кайыл болчу. Жандүйнөсүнө жакын, жакшы көргөн бул үчөөнү таап алганына кубанып, бирок Асылбектен жалтактап, жакын келе албай аларды алыстан акмалап, айылда жүрдү.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 00:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Анткен менен Асылбек бу жылы деле баягы, көнгөн жайлоосуна чыкты. Жыландан баары бир из суутуп кете албасын билгени үчүн ошентти го.

Элдир-селдир эс кирип, “кой-айды” билип калган Кызмончок ата-энесинин жыланды анчалык жактырбасын билчү. Ансайын, жылан келген сайын аларга жагалдана эрекелеп, калп күлүп, экөөнүн мойнуна алмак-салмак асылып, жароокерленип калчу. Аны Асылбек менен Сырга да, жылан да түшүнчү.

Анткен менен жайлоодо алар: “Эл көрүп коёт, угуп коёт”, – деп көрүнгөндөн корунуп-кысынбай, ээн-эркин күн өткөрүп калышты. Айрыкча Кызмончок менен ак жыландын күнү тууду. Эртели-кеч эрчишип алып, көк шибердин үстүндө каалаганча ойношот. Кээде экөө маңдай-тескей олтуруп алышат да, Кызмончок алда нелерди божурап, тигиниси аны кишиче тыңшап, ийрейип жатып алып кулак төшөйт.

Асылбек мал-салга карап, күндүзү үйгө көп токтобой аттанып кеткендиктен, Сырганын эки көзү, эси-дартынын баары эле ошол экөөндө болот. Кээде акырын барып, экөөнүн жанына отурат. Бирде алардын ысык-ынак, ынтымактуу мамилесине ичи жылыса, бирде чочулайт. “Чагып алабы,”– деп коркконунан дагы, анын жүрөгүндө өзү да ишенээр-ишенбесин билбеген, түпөйүл бир санаа бар!

“Кантип эле?!.” – дейт кээде өз оюнан өзү чочуп. Кан-жанынан бүткөн, сербейген кенедей кызынын качандыр бир жылан болуп кубулганын элестетип да, ишенип да түтө албайт.

“Ойлорумду оңдой көр, Кудай!.. Мени кечире көр?!” – дейт жакасын кармап.

“А балким, жылан адамга кубулсачы?.. – дейт сана арасында, – Эгерде чындап эле Жараткандын кубултууга күчү жетсе... Жок! – дейт кайра өз оюна өзү каршы чыгып, – Эч качан андай болбойт! Эч ким эч кимге кубулбайт! Калп ал! Жомок!..”

Сырга ушинтип ойлонуп кеткиче Кызмончок менен жылан кыйла жерге узап кеткен болот. Кээде Кызмончок жыланды ат кылып, эки аягын эки жакка сунуп таштап, жонуна эпейип отуруп алат да:

– Чү! Чү! – деп теминген болот. Жылан да андайда болгон күчү менен жыйрылып, алга жылат. Ансайын Кызмончоктун күлкүсү чыгып, кубанычы кучагына сыйбайт. Экөөнү карап отурган Сырга да ал экөөнүн жоругуна кубанып, аларга кошулуп жыргап күлөт. Кээде экөө томолонуп-тумаланып, көк шибердин үстүнө жыгылганда: “Эти ооруп кетип, чагып албаса экен!” – деп корккон Сырганын үрөйү учат. Кызмончок кудум куурчак көтөргөнсүп, кээде жыланды бооруна бекем басып көтөрүп алат да, анын жерде сүйрөлгөн тулкусуна кайра өзү чалынып жыгылып, көмкөрөсүнөн кетет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   operaledi   05 Октябрь 2012 - 01:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Андан кийин канча жолу жай менен күз алмашып, канча жолу жер бетин ак кар басып, канча жолу жаз келди. Кызмончок кермаралдай керилген, келишимдүү кыз болуп чыга келди. Энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алган жароокер, күйүмдүү болуп өстү. Сырга да ар убак көз тийбесин, сөз тийбесин деп кызына көз мончок, тумар тагып, убаралана бере турган. Бөтөнчө жагымдуу кулк-мүнөзү, сулуулугу, анан да табышмактуу, сырдуулугу менен Кызмончок айылдыктардын оозунан түшчү эмес. “Кызмончок! ”– дегенде, айрыкча менменсинген жигиттер менен жаңы эле эрезеге жете баштаган боз балдардын жүрөктөрү «зырп!» этет. Бирок бийкеч бирине да каш кагып, бой салбайт. Атүгүл кошунанын бири-бирин тирей өсүп, жигиттик каада күтүп келаткан баягы эки уулу тең Кызмончокко көз кырын салып, бири-биринен кызганып, бала корозчо кээде тирешип барып токтошот. Уулдарынын ошонусун байкаган энеси:

– Айылда Асылбектин жылан кызынан башка кыз түгөнүп калыптырбы? ! Эсиңерде болсун, куттуу үйүмө андай неменин аягын аттатпайм! Зымырайып, зымпыйып койсо эле көзүңөргө айпери көрүнүп жатат го?! Ажыдаар деген ошентип арбайт да! – деп ар убак башкалар да уксун дегенсип, атайылап эле кыйкырып-кыйкырып сүйлөчү.

– Апа, акырын сүйлөңүзчү, угат... – дейт андайда Бектемирдин чый-пыйы чыгып.

– Уксун! Ошо уксун деп айтып жатам! Алардан коркок-билиш болгудай мен эмне!.. – деп Сайра ансайын чамгарактап кетет. Бечара Бектемир кирерге тешик таппай калат. Атургай апасынын ушундай ажаандыгы үчүн өзүнөн-өзү уялат. Чынтемир гана агасына: “Ушундай болмок сага! Ии, ук эми!” – дегендей мыйыгынан жылмайып, кекээрлей жылмаят.

Анткенинин жөнү боло турган. Өгүнү суу алганы булакка бараткан Кызмончокко аңызга ат тушап келаткан бир туугандар кезигип калышкан. Качан кыз чакаларын толтуруп, апкөчүн мойнуна илгенде Чынтемир агасынан биринчи озунуп жетип:

– Берсең, мен көтөрүп алайын, – деген.

– Жок! Мен өзүм эле... Рахмат! – деп койгон кыз.

Бир топко чейин үчөө унчугушпай, катарлаш басышкан. Кыздын суу көтөргөн ийиндери талып, тыныгар убактысын күтүп келаткан Бектемир:

– Кызмончок, берчи мен көтөрүп алайын? – деп жолун торой калган. Чындап эле эки ийни тызылдай баштаган кыз бу жолу “жок” дей албай чакаларын берип, өзү аларды жандай баскан.

Кызмончоктун кыпкызыл көйнөгү ошондо батып бараткан күндүн кызгылтым нуруна ого бетер жарашып, сыдырым желге саамайлары сеңселип, ирмеген сайын узун кирпиктери күн жебесиндей куюлуп, өзгөчө сулуу, ажарлуу болчу.

Көзүнүн кыйыгынан ушулардын баарын байкап келаткан Чынтемир ичинде кызга таарынып, ызаланып: “Мени кичинекей деп ойлоп жатасың го?! – деп келаткан оюнда, – Ишенгениң Бектемирби? ! Эгерде бир тууган агам болбогондо азыр сенин көзүңчө көтөрүп чаап, чаңга оонатып туруп чакаларыңды башына кийгизип салмакмын! Көрөт элем ошондо!..”

Башын шылкыйтып, бирок буларды көзүнүн төбөсүнөн тиктеп, буркуюп келаткан баланын ойлорун окуп алгансып, кыз ага күлүмсүрөй караган. Анткен менен Кызмончок кошуна балдардын антип, артынан акмалап жүргөнүн каалачу эмес. Тек гана эч ким менен жолукпай, эч ким менен сүйлөшпөй, жалгыздап жүргөндү жакшы көрчү. Эс киргени курбулар менен шыңкылдашып, ойноп-күлүп көргөн эмес. Болбосо, ар бир үйдүн бой жеткен кыз-уулдары айдын жарыгында маңдайкы жайык төштүн бетинде акчөлмөк ойношчу. Ара чолодо уй мүйүз тартып отура калышып, “шакек салмай” ойношуп, анан селкинчек тебишет эле. Айрыкча кайым айтыш, арзуу ырлары айдарым жел менен алыс-алыс оболоп, үркөр жылдыз ылдыйлаган маалда анан ата-энелер айгай салып, кыз-уулдарын чакырчу. Андайда айылдын сак кулак иттери да абалап үрүп... Бирок булардын бири да Кызмончокту алаксытып, азгыра албайт эле.

– Кызым, сен деле барып ойносоң боло? – дечү апасы гана чын дилинен.

– Жок, апа! Баргым келген жок. Андан көрө атамдан күү үйрөнүп, комуз чертейинчи, -дечү да атасынан күү угуп, буга чейин өзү эле карап отуруп үйрөнүп алгандарын кайрып, кыңгырттата жаңы ыргактарды курап, анысын кайра-кайра кайталап ойночу. Кудум атасындай көздөрүн жумуп, кандайдыр бир сырдуу, сыбызгыган күүгө кулагын төшөчү.

Жыланды күтчү, үйдөн чыкса эле Жан аны таппай калчудай сезилчү. Жан да капыл-тапыл, кайдан-жайдан бар боло калчу. Кызмончок көбүнчө анын жанында, жакын эле арада жүргөнүн сезип, шыбыртын туйчу. Көпчүлүккө аралашпай, оюнзоокко катышпай, ээндеп жүргөнүнүн бир себеби ошол.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 26 Июл 2025 03:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: