"Саясатчы мурундар" Алтынбек Исмаилов
#21 18 Ноябрь 2012 - 14:44
КАНТИП АЙТАМ ?
Эх кыргызым,
ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган
менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе !
Какшап келем: доо кетип
балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип
айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!
Уу чалканды
мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут
болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!
Ташты сыгып, тарыхты төккүм
келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм
келет!!!
Эх кыргызым,
ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган
менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе !
Какшап келем: доо кетип
балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип
айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!
Уу чалканды
мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут
болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!
Ташты сыгып, тарыхты төккүм
келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм
келет!!!
#22 18 Ноябрь 2012 - 14:56
Ээ Хисти Манастан Чубак кем бекен дегендей сен деле ыр жаз да мисалы:
Бийлигин баары бок курсак
Депутаттар жут курсак
Министирлер ит курсак
Туп орду менен жоготуп
Курсактын баарын бир жарсак
Магдыраган иттерди
Ичтен ары бир урсак
депчи анан дагы улап кетесин да
Бийлигин баары бок курсак
Депутаттар жут курсак
Министирлер ит курсак
Туп орду менен жоготуп
Курсактын баарын бир жарсак
Магдыраган иттерди
Ичтен ары бир урсак
депчи анан дагы улап кетесин да
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#23 18 Ноябрь 2012 - 15:12
#24 18 Ноябрь 2012 - 15:18
kgman92 (18 Ноябрь 2012 - 14:56) жазган:
Ээ Хисти Манастан Чубак кем бекен дегендей сен деле ыр жаз да мисалы:
Бийлигин баары бок курсак
Депутаттар жут курсак
Министирлер ит курсак
Туп орду менен жоготуп
Курсактын баарын бир жарсак
Магдыраган иттерди
Ичтен ары бир урсак
депчи анан дагы улап кетесин да
Бийлигин баары бок курсак
Депутаттар жут курсак
Министирлер ит курсак
Туп орду менен жоготуп
Курсактын баарын бир жарсак
Магдыраган иттерди
Ичтен ары бир урсак
депчи анан дагы улап кетесин да
А вот "саясатчы курсактарды" буюрса Кгмен92 мырзадан угат экенбиз
#25 18 Ноябрь 2012 - 15:21
#26 18 Ноябрь 2012 - 15:24
#27 18 Ноябрь 2012 - 15:29
#28 18 Ноябрь 2012 - 16:20
#29 18 Ноябрь 2012 - 16:37
historic (18 Ноябрь 2012 - 14:41) жазган:
Мени тарткан да (тамаша)
Саясатчы мурундан башкасы 2004-2005-жылдарда жазылган экен. Ал маалда мындан да жаш болчу.
Саясатчы мурундан башкасы 2004-2005-жылдарда жазылган экен. Ал маалда мындан да жаш болчу.
Өзүнүн жашы деле отузга таяп баратат. Бирок, негизи жаш көрүнөт.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#30 18 Ноябрь 2012 - 17:24
Ошондо дагы жазасынбы Хиси? (кулагын бурррррап жаткан быйтыкча)
#31 18 Ноябрь 2012 - 17:31
#32 18 Ноябрь 2012 - 17:36
#33 18 Ноябрь 2012 - 17:39
#34 18 Ноябрь 2012 - 17:58
#35 18 Ноябрь 2012 - 19:12
Жакшы. ЖЕРГЕ ТАЛДАН ушундай бала бар экен. Маладесс иним талыкпай айдай бер.
#36 18 Ноябрь 2012 - 19:41
#37 19 Ноябрь 2012 - 20:37
ТАШ КҮЗГҮ
Канаты
Сынган куштай
Карбаластап,
Кайгынын
Кайыгында
Чайпаламын.
Күзгүдөн
Карап алып
Кир жүзүмдү,
Ишенбей
Кайра-кайра
Чайканамын!
Карачы,
Таш күзгүнү,
Кыйналган
Кыргыз жүрөт.
Дал ошол
Кыргыздарды
Шылдыңдаган
"Жылтылдап"
Жылдыз жүрөт!
Бир сөздү
Он сөз кылып
Туудурушкан,
Жамандап
Жакшыларды
Жазыксыз
Куудурушкан,
Ушакчы
Кемпир, чалдар,
Чоң муштум
Зөөкүр балдар,
Жана да
Жыртаңдаган
Бир кыз жүрөт!
Кыргызча
Сүйлөгөндү
Билбей туруп,
Орусча
Омуроолоп
Сөгүшкөндөр,
Көчөдөн
Өткөндөрдү
Көзүнө
Илбей туруп,
Магдырап
"Макулуктай”
Өбүшкөндөр,
Кадимки
Койкоңдогон
Кем акыл
«Көгүчкөндөр»,
Жүрөгү
Соккон менен
Тирүүлөй
Өлүшкөндөр,
Аралаш
Баары жүрөт,
Карасы,
Агы жүрөт.
Балдары
Батырбаган,
Же өлүп
Шум ажалга
Атылбаган,
Кунарсыз
Качып келген
Элеттерден.
Нан издеп
Жолбун иттей
Таштанды
Челектерден
Кайырчы,
Карып болгон
Бирөөнүн
Жары жүрөт.
Адашып
Унааларда,
Жаштардан
Кагуу жеген
Ак сакал
Кары жүрөт!
Эт эмес,
Нан алгыдай
Айлыгы жок.
Эки күн
Жан баккыдай
Май, уну жок
Базарда
Байпак саткан
Катындардан,
Эки сап
Ырдан башка
Байлыгы жок
Жазуучу,
Акындардан
Миң эсе
Тың жашаган
Сойкулар
Дагы жүрөт!
Кой союп
Кошоматка
Чебеленген,
Каадалуу
Кожоюндун
Көзүн карап,
Парвана
Көпөлөктөй
Тегеренген
Жойпулар
Дагы жүрөт!
Энесин –
Тилин саткан,
Эгемен
Дилин саткан,
Эзелтен
Келе жаткан
Энчилүү
Динин саткан
Ыймансыз
Жаштар жүрөт!
Берилип
Чет өлкөгө
Белимчи,
Аңги болгон,
Берилип
Бөтөлкөгө
Аракеч,
Баңги болгон
Ыпылас
Мастар жүрөт!
Кенедей
Таш күзгүдөн
Көрүнгөн
Көз алдыма,
Кыскасы,
Баары жүрөт,
Баары жүрөт…
Тазалап
Таш күзгүнү,
Сыйдалап
Сүртүп турам.
Көбүргөн
Самын менен
Айналарды
Көгөрүп,
Көкүрөктөн
Бүркүп турам.
А бирок,
Өзгөрүү жок!
Түкүрүп
Турмушума,
Аябай
Чүнчүп турам!..
Канаты
Сынган куштай
Карбаластап,
Кайгынын
Кайыгында
Чайпаламын.
Күзгүдөн
Карап алып
Кир жүзүмдү,
Ишенбей
Кайра-кайра
Чайканамын!
Канаты
Сынган куштай
Карбаластап,
Кайгынын
Кайыгында
Чайпаламын.
Күзгүдөн
Карап алып
Кир жүзүмдү,
Ишенбей
Кайра-кайра
Чайканамын!
Карачы,
Таш күзгүнү,
Кыйналган
Кыргыз жүрөт.
Дал ошол
Кыргыздарды
Шылдыңдаган
"Жылтылдап"
Жылдыз жүрөт!
Бир сөздү
Он сөз кылып
Туудурушкан,
Жамандап
Жакшыларды
Жазыксыз
Куудурушкан,
Ушакчы
Кемпир, чалдар,
Чоң муштум
Зөөкүр балдар,
Жана да
Жыртаңдаган
Бир кыз жүрөт!
Кыргызча
Сүйлөгөндү
Билбей туруп,
Орусча
Омуроолоп
Сөгүшкөндөр,
Көчөдөн
Өткөндөрдү
Көзүнө
Илбей туруп,
Магдырап
"Макулуктай”
Өбүшкөндөр,
Кадимки
Койкоңдогон
Кем акыл
«Көгүчкөндөр»,
Жүрөгү
Соккон менен
Тирүүлөй
Өлүшкөндөр,
Аралаш
Баары жүрөт,
Карасы,
Агы жүрөт.
Балдары
Батырбаган,
Же өлүп
Шум ажалга
Атылбаган,
Кунарсыз
Качып келген
Элеттерден.
Нан издеп
Жолбун иттей
Таштанды
Челектерден
Кайырчы,
Карып болгон
Бирөөнүн
Жары жүрөт.
Адашып
Унааларда,
Жаштардан
Кагуу жеген
Ак сакал
Кары жүрөт!
Эт эмес,
Нан алгыдай
Айлыгы жок.
Эки күн
Жан баккыдай
Май, уну жок
Базарда
Байпак саткан
Катындардан,
Эки сап
Ырдан башка
Байлыгы жок
Жазуучу,
Акындардан
Миң эсе
Тың жашаган
Сойкулар
Дагы жүрөт!
Кой союп
Кошоматка
Чебеленген,
Каадалуу
Кожоюндун
Көзүн карап,
Парвана
Көпөлөктөй
Тегеренген
Жойпулар
Дагы жүрөт!
Энесин –
Тилин саткан,
Эгемен
Дилин саткан,
Эзелтен
Келе жаткан
Энчилүү
Динин саткан
Ыймансыз
Жаштар жүрөт!
Берилип
Чет өлкөгө
Белимчи,
Аңги болгон,
Берилип
Бөтөлкөгө
Аракеч,
Баңги болгон
Ыпылас
Мастар жүрөт!
Кенедей
Таш күзгүдөн
Көрүнгөн
Көз алдыма,
Кыскасы,
Баары жүрөт,
Баары жүрөт…
Тазалап
Таш күзгүнү,
Сыйдалап
Сүртүп турам.
Көбүргөн
Самын менен
Айналарды
Көгөрүп,
Көкүрөктөн
Бүркүп турам.
А бирок,
Өзгөрүү жок!
Түкүрүп
Турмушума,
Аябай
Чүнчүп турам!..
Канаты
Сынган куштай
Карбаластап,
Кайгынын
Кайыгында
Чайпаламын.
Күзгүдөн
Карап алып
Кир жүзүмдү,
Ишенбей
Кайра-кайра
Чайканамын!
#38 19 Ноябрь 2012 - 20:48
Бозоргон
Бопбоз туман,
Ботодой
Боздоп турат.
Бүркөлгөн
Булут менен
Бүдөмүк
Ойлор менин
Буулуккан
Жандүйнөмдү
Козгоп турат!
Кыргызым,
Кулак салчы?!
Бүгүн мен
Сени менен
Сырдашкым
Келип турат.
Көргөзүп
Кемчилдигиң
Көзгө сайып,
Калемдин
Учу менен
Безге сайып,
Сындашкым
Келип турат…
Кана айтчы,
Эмнең бар деп
Суроо салсам,
Жер карап,
Желкеңди сен
Кашыбагын.
«Эч нерсем
Жок менин»,- деп
Бышактап,
Кур намыска
Жашыбагын!
Байкасаң,
Бардык жерде
Бөтөлкө
Сатып жүргөн,
Башына
Балыр жаздап,
Баткакка
Жатып жүргөн
«Бакайың» бар!
Калкалап канатына
Чет өлкө
Катып жүргөн,
Чаташкан
Жолго түшүп,
Чындыктан
Качып жүргөн
«Акайың» бар!
Бийликтин
Билигине
Май болуп
Жагылышкан,
Бөжөңдөп
Бөдөнөдөй
Беш убак
Жагынышкан,
Арзымат
Чалдарың бар.
Нан сурап,
Ары-бери
Өткөндөргө
Кытайдын
Аскериндей
Жабылышкан
Кайырчы
Балдарың бар!
А бирок
Ар бир күнүң
Майрам сымал.
Анткени
«Кара сууну»
Боркулдата
Кайнатып
Ичип алчу
Казаның бар!
Ылайга төккөн
Аппак
Айран сымал
Ыйманды
Сатып алчу
Базарың бар!
Тентисең
Туш тарапка,
Корголоп
Бага турган,
Аргасыз
Көзүн карап
Бара турган,
«Ак көңүл»
Орус менен
«Бир тууган»
Казагың бар!
Чолок шым,
Чолок көйнөк
Кийип алып,
Чет элдик
«Негрге» да
Никесиз
Тийип алып,
Күн сайын
Төрөп турган
Кыздарың бар!
Өз атын
Жазалбаган,
Ийне эмес,
Күрөк берсең
Билимдин
Кудуктарын
Казалбаган,
Келечек
Адистерди
Даярдоочу
Саны көп,
Сапаты жок
«ВУЗдарың» бар!
Жаңылып
Жаратыңды
Жаңылаган,
Же жакшы
Маянага
Жарыбаган,
Ак халат
Кийген менен
Аргасыз
Акча сурап
Дарылаган
Билимсиз,
Чала сабат
«Врачың» бар!
Аргымак
Таскак салса
Чаң чыгарып,
Көралбай
Бутан тушап
Жабуулаган,
Өзүңө
Жетишпеген
Эс-акылды
Өзгөгө
Өрнөк кылып
Таңуулаган
Арамза,
Кара мүртөз
“Куу башың” бар!
Ичкилик
Ичкиң келсе
Чамаң жеткен,
Жер тырмап
Өмүр бою
Жармага
Араң жеткен
Чор таман,
Чор кетпеген
Колдоруң бар!
Жамалган
Чал-кемпирдин
Дамбалындай,
Жадатма
Жыртык-тешик
Жолдоруң бар!
Желеге
Тизген тайдай
Жылаңач
Сойкуларга
Батпай кеткен,
Коноктор
Келсе кокус,
Жийиркенип
Жарым күн да
Жатпай кеткен,
Кароосуз,
Кир каптаган
Борборуң бар!
Бурмалап
Эне тилди
Кескилеген,
Байыркы
Тарых менен
Санжыраңды
Сандырак,
Эски деген
Чоң курсак,
Кыйын чыкма
Чоңдоруң бар!
Кыргызым,
Кыргызым ай,
Качан сен
Караңгыдан
Арыласың?
Чыгат деп
Жаңы “КҮНДҮ”,
Чыгышты
Тиктеп күндө
Зарыгасың!
Ич дүйнөң
Толгон илдет,
Жамбаштап
Жата берсең,
Жакында
Жанар тоодой
Жарыласың!
Суроомо
Жооп бер эми?
«Эч нерсем жок»
Деп айтсаң,
Анда сен, жаңыласың! ..
Бозоргон
Бопбоз туман,
Ботодой
Боздоп турат.
Бүркөлгөн
Булут менен
Бүдөмүк
Ойлор менин
Буулуккан
Жандүйнөмдү
Козгоп турат!
Бопбоз туман,
Ботодой
Боздоп турат.
Бүркөлгөн
Булут менен
Бүдөмүк
Ойлор менин
Буулуккан
Жандүйнөмдү
Козгоп турат!
Кыргызым,
Кулак салчы?!
Бүгүн мен
Сени менен
Сырдашкым
Келип турат.
Көргөзүп
Кемчилдигиң
Көзгө сайып,
Калемдин
Учу менен
Безге сайып,
Сындашкым
Келип турат…
Кана айтчы,
Эмнең бар деп
Суроо салсам,
Жер карап,
Желкеңди сен
Кашыбагын.
«Эч нерсем
Жок менин»,- деп
Бышактап,
Кур намыска
Жашыбагын!
Байкасаң,
Бардык жерде
Бөтөлкө
Сатып жүргөн,
Башына
Балыр жаздап,
Баткакка
Жатып жүргөн
«Бакайың» бар!
Калкалап канатына
Чет өлкө
Катып жүргөн,
Чаташкан
Жолго түшүп,
Чындыктан
Качып жүргөн
«Акайың» бар!
Бийликтин
Билигине
Май болуп
Жагылышкан,
Бөжөңдөп
Бөдөнөдөй
Беш убак
Жагынышкан,
Арзымат
Чалдарың бар.
Нан сурап,
Ары-бери
Өткөндөргө
Кытайдын
Аскериндей
Жабылышкан
Кайырчы
Балдарың бар!
А бирок
Ар бир күнүң
Майрам сымал.
Анткени
«Кара сууну»
Боркулдата
Кайнатып
Ичип алчу
Казаның бар!
Ылайга төккөн
Аппак
Айран сымал
Ыйманды
Сатып алчу
Базарың бар!
Тентисең
Туш тарапка,
Корголоп
Бага турган,
Аргасыз
Көзүн карап
Бара турган,
«Ак көңүл»
Орус менен
«Бир тууган»
Казагың бар!
Чолок шым,
Чолок көйнөк
Кийип алып,
Чет элдик
«Негрге» да
Никесиз
Тийип алып,
Күн сайын
Төрөп турган
Кыздарың бар!
Өз атын
Жазалбаган,
Ийне эмес,
Күрөк берсең
Билимдин
Кудуктарын
Казалбаган,
Келечек
Адистерди
Даярдоочу
Саны көп,
Сапаты жок
«ВУЗдарың» бар!
Жаңылып
Жаратыңды
Жаңылаган,
Же жакшы
Маянага
Жарыбаган,
Ак халат
Кийген менен
Аргасыз
Акча сурап
Дарылаган
Билимсиз,
Чала сабат
«Врачың» бар!
Аргымак
Таскак салса
Чаң чыгарып,
Көралбай
Бутан тушап
Жабуулаган,
Өзүңө
Жетишпеген
Эс-акылды
Өзгөгө
Өрнөк кылып
Таңуулаган
Арамза,
Кара мүртөз
“Куу башың” бар!
Ичкилик
Ичкиң келсе
Чамаң жеткен,
Жер тырмап
Өмүр бою
Жармага
Араң жеткен
Чор таман,
Чор кетпеген
Колдоруң бар!
Жамалган
Чал-кемпирдин
Дамбалындай,
Жадатма
Жыртык-тешик
Жолдоруң бар!
Желеге
Тизген тайдай
Жылаңач
Сойкуларга
Батпай кеткен,
Коноктор
Келсе кокус,
Жийиркенип
Жарым күн да
Жатпай кеткен,
Кароосуз,
Кир каптаган
Борборуң бар!
Бурмалап
Эне тилди
Кескилеген,
Байыркы
Тарых менен
Санжыраңды
Сандырак,
Эски деген
Чоң курсак,
Кыйын чыкма
Чоңдоруң бар!
Кыргызым,
Кыргызым ай,
Качан сен
Караңгыдан
Арыласың?
Чыгат деп
Жаңы “КҮНДҮ”,
Чыгышты
Тиктеп күндө
Зарыгасың!
Ич дүйнөң
Толгон илдет,
Жамбаштап
Жата берсең,
Жакында
Жанар тоодой
Жарыласың!
Суроомо
Жооп бер эми?
«Эч нерсем жок»
Деп айтсаң,
Анда сен, жаңыласың! ..
Бозоргон
Бопбоз туман,
Ботодой
Боздоп турат.
Бүркөлгөн
Булут менен
Бүдөмүк
Ойлор менин
Буулуккан
Жандүйнөмдү
Козгоп турат!
#39 19 Ноябрь 2012 - 20:53
КУСАЛЫК
Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра
былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн!
Жаралап жандүйнөнү жышып
турган,
Жармашып жан алгычтай кысып
турган,
Желкеге минген ойлор жарга
такап,
Жүрөгүм муздап барат ысып
турган!
Тегирмен талкалаган талкан болуп,
Тулку бой кайра катат калкан
болуп.
Сыйыртмак салган сымал моюнума,
Сезимдер муунтушат аркан болуп!
Ашыктык, азап-
муңбу? Аян кылып,
Айталбай алдастаймын баян
кылып.
Капкара көөсү кетпес казанга
окшоп,
Көңүлдү каптап турат
караңгылык! !!
Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра
былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн!
Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра
былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн!
Жаралап жандүйнөнү жышып
турган,
Жармашып жан алгычтай кысып
турган,
Желкеге минген ойлор жарга
такап,
Жүрөгүм муздап барат ысып
турган!
Тегирмен талкалаган талкан болуп,
Тулку бой кайра катат калкан
болуп.
Сыйыртмак салган сымал моюнума,
Сезимдер муунтушат аркан болуп!
Ашыктык, азап-
муңбу? Аян кылып,
Айталбай алдастаймын баян
кылып.
Капкара көөсү кетпес казанга
окшоп,
Көңүлдү каптап турат
караңгылык! !!
Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра
былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн!
#40 19 Ноябрь 2012 - 20:55
ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК
Сүйдүм сени, жолдоштукка
тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил
жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң
кармадым!
Билбейм кантип жаратымды
бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын
күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен
кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай
түтөймүн!
Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө
сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган
терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да
керекмин?!
Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын
эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп аткандай
сезилем!
Сүйдүм сени, жолдоштукка
тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил
жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң
кармадым!
Билбейм кантип жаратымды
бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын
күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен
кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай
түтөймүн!
Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө
сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган
терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да
керекмин?!
Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын
эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп аткандай
сезилем!