Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#281 Пользователь офлайн   medina.   26 Август 2015 - 20:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кыргызстанда шайлоо башталганга чейин эки ай калды. 2015-жылдын 4-октябрында республиканын тургундары өлкөнүн жогору мыйзам чыгаруучу органындагы 120 орун кимге берилерин чечишет. Жогорку Кеңештин шайлоосу жетишерлик кызуу өтүшү күтүлүп жатат. БШК берген маалыматка таянсак, шайлоого катышуу үчүн 34 партия (30 партия калды- Кабар ордо) арыз берди. Добуш берүү күнүнө жакындаганда алардын саны кыскарышы ыктымал- бир бөлүгү шайлоого коюлуучу күрөөнү төлөй албай калса, дагы бир бөлүгү съезд өткөрө албай калышы ажеп эмес.

Сүрөт

Алдыда боло турган шайлоонун фавориттери болуп президенттин КСДП партиясы эсептелет, калган орундар үчүн күрөштө алдыга озуп келүүгө "Ата-Мекен" , "Республика - Ата-Журт" , "Бүтүн Кыргызстан -Эмгек", "Өнүгүү" партияларынын мүмкүнчүлүгү жогору. Буга чейин келечектүү болуп эсептелип келген "Замандаш" партиясы саясий технологдордун партиянын алган багыты жана саясий программасы жөнүндө жасаган эксперименттеринен кийин кризисти башынан өткөрүп жаткан чак. Каржылык жактан камсыз болгон "Кыргызстан" партиясы күчтүү чыгып келе жатат.

Болжолдуу эсептерге караганда, алдыда боло турган шайлоого 1,3–1,8 млн адамдын катышуусу күтүлүүдө. Партия эң аз шайлоо босогосу болгон 7 пайыздан өтүш үчүн 120 миңдей адамдын добушун алышы керек. Шайлоого биометрия процедурасынан өткөн жарандар гана катышат алышат. Бийлик мындай жол менен добуш берүүдөн улам шайлоо таза өтөт деп ишендирүүдө, ал эми анын каршылаштары бул процедурадан өтпөгөн көпчүлүк кыргызстандыктар бар экенин айтышып, "техниканын иши айкын эмес, жеке маалыматтар корголбой жатат" дешүүдө.

Расмий түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталышы керек эле, бирок иш жүзүндө үгүт иштери азыр деле кызуу жүрүүдө. Партиялар жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, бала бакча курууга, жакырчылык, коррупция менен күрөшүүгө убадаларды кабаттап берүүдө. Саясий бирикмелер ойлоп тапкычтыгы жагынан мелдешүүдө. Эки партия медиктерди өлкө боюнча калкты акысыз текшерүү үчүн жөнөтүштү, дагы бири - Бишкектин кээ бир караңгы көчөлөрүнө жарык чырактарды акысыз орнотууда.

Акыркы бир нече апта шайлоо алдындагы үгүттүн гана башталышы эмес, саясатчылар жалгыздап же тобу менен бир партиядан экинчи партияга өтүп жатканы тууралуу маалымат менен дагы өзгөчөлөнүүдө.

Декларацияланган идеология, буга чейинки берген убадалар жана союздаштарды тандоодогу тажрыйба "мандаттар үчүн болгон кармашта" эч кандай роль ойнобой калууда. Негизинен каржы, административдик ресурстун бар экени, БШК менен сүйлөшүү жана албетте миңдеген партия мүчөлөрүн мобилдештирүү баарын жогору бааланууда.

Эгерде депутаттыкка талапкер болуп жаткан адамдын дымагынан тышкары эч нерсеси болбосо, ал партиянын тизмесинде орун сатып алышы мүмкүн. Орундун расмий баасын албетте эч ким айтпайт, бирок такталбаган маалыматтарга таянсак, парламентке кирүүгө мүмкүндүгү чоң болгон партиянын тизмесиндеги алгачкы жыйырма орун 250 миң доллардан жогору бааланат. Беш жыл мурда мындай баа үч-беш эсе арзан болгон. Бул бааны партия лидерлерин, анын жакын соратниктери жана паравоз-сүйрөгүчтөр, тактап айтканда шайлоочулар добуш берүүгө даяр болгон белгилүү адамдар төлөбөйт. Буга чейин 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо дарыгерлер, мугалимдер, маданий ишмерлер көбүрөөк бай жана азыраак таанымал болгон ишмерлерге орун бошотуп берип кала беришкен.

Өзүнүн парламентке шайланып келүү мүмкүндүгүн жогорулатыш үчүн жергиликтүү саясатчылар биримдик түзүп жатышат. Кээде абдан таңкалыштуу биримдиктерди түзүшүүдө. Азыр республикада шайлоо алдындагы түзүлгөн бирикмелерден кыргыз саясий ландшафтынын өзгөчөлүгүн көрүүгө болот. Шайлоого катышуу үчүн жергиликтүү деңгээлде алганда ири каржылык-өнөр жай топторун, түндүк жана түштүк кландарын уюштурушту, өзгөчөлөнүп жүргөн саясатчылар пайда болду.

Артыкча күчкө президентин партиясы болгон КСДП ээ болууда. Американы жактанган либералдарда болсо ажырым байкалууда. Саясатчылардын жана активисттердин аталган тобу парламентке талапкер боло турган бирдиктүү саясий күч түзө алган жок. Кээ бир американы жактаган саясатчылар парламенткте башка партиялардын тизмеси менен өтүп келүүгө аракет кылууда. Ошондой эле исламдык маанайдагы партиялар дагы ушундай жагдайда. Мындай маанайдагы саясий күчтөр кыргыз публикасында бир эки адам менен гана чектелүүдө.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#282 Пользователь офлайн   medina.   26 Август 2015 - 20:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор


Президент мамлекеттик тилди тыңдап бере албаган мугалимдерди айтып уяткарды

"Эгерде биздин балдар Кыргызстанда жайлуу жашагысы келсе, мектепти аяктаганга чейин мамлекеттик тилди үйрөнүшү керек". Мындай пикирин бүгүн, 26- августта, агартуучулардын республикалык 3-съездинде президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик тилди үйрөтүү сапаты абдан начар. Андыктан ал бул тармактагы мугалимдер үчүн уялып жаткандыгын айтты.

"Ачык айтканда баш-аламан болуп калды. Мындай мугалимдер жана мектеп директорлору үчүн мен уялып жатам. Алар татыктуу билим бериши керек же колунан келбеген ишке аралашпашы керек. Ар бир мектеп директору жана ар бир мугалим мамлекеттик тилди окутуу мамлекеттик- бул маанилүү тапшырма деп билиши керек", -дейт президент.

Атамбаевдин айтымында, мамлекеттик тилди жана тарыхты билүү Кыргызстандын элин биримдиктүү болууга алып кетет.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#283 Пользователь офлайн   medina.   27 Август 2015 - 00:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

и республиканын борборунда жол кыймылынын эрежелерин бир нече жолу бузган тажик эстрада жылдыздарынын ысымдарын атоону улантат. Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамераларына жазылып калган.
ИИМдин сайтында жарыяланган маалыматтарга ылайык, эстрада ырчысы Жанна Шаинян өзүнүн «ДЭУ-Ласетти» унаасы менен жол кыймыл эрежелерин 54 жолу бузган, жана бүгүнкү күнгө чейин бир дагы айып пулду төлөгөн эмес.
Ж.Шаинян - түбү армяндык Тажикстандын жараны. Тажик тилинде ырларды аткарат жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жактырган ырчысы.

Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#284 Пользователь офлайн   medina.   27 Август 2015 - 00:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Швейцария бийлиги АКШнын өтүнүчү менен Өзбекстан президентинин тун кызы Гүлнара Каримованын мүлктөрүн жана активдерин камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости булагы кабарлоодо. Маалыматка ылайык Швейцариянын юстиция федералдык башкармалыгынын өкүлү камакка алынган активдердин көлөмү 640 миллион доллар экендигин билдирген.

Мындан мурда 3 ири телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстандын рыногуна кирүүдө өлкө бийлигине пара бергени боюнча кылмыш ишке өткөн айда америкалык тергөөчүлөр киришип, Швейцариядан Гүлнара Каримовага тиешелүү Takiland ltd компаниясынын 30 миллион доллар жаткан банк эсебин жапкан.

Швейцариянын юстиция федералдык башкармалыгынын өкүлү америкалык тергөөчүлөр скандинавиялык TeliaSonera уюлдук тармагы жана орусиялык Вымпелком, МТС тууралуу сөз болуп жаткандыгын билдирди. АКШ бийлиги Гүлнара Каримовага тийиштүү делген 1 млрд долларга жакын каражатты камакка алууну Европалык өнөктөштөрүнөн өтүнгөн. Бирок, Швейцариянын юстиция федералдык башкармалыгынын өкүлү 640 миллион доллар экендигин гана билдирүүдө.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага каршы коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Өлкөнүн баш прокуратурасы Гүлнара Каримованы үй камагына алынганын тастыктаганы менен сегиз айдан бери дайыны чыга электигин айтышууда.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#285 Пользователь офлайн   admin_superstan   27 Август 2015 - 09:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Саясий жанылыктар" темасы менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#286 Пользователь офлайн   Patrik   28 Август 2015 - 17:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

ЧЛЕНЫ ПАРТИИ "ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАН" ОБЪЯВИЛИ ГОЛОДОВКУ ПРОТИВ ДЕЙСТВИЙ ЦИК
Просмотров: 5
Сегодня, 28 августа, сопредседатель политической партии "Эгемен Кыргызстан" Бектур Асанов в беседе с "ВБ" рассказал об акции протеста политобъединения.
По его словам, он и его двое сопартийцев Самаган Раззаков и Таалай Мадеминов держат голодовку, требуя от ЦИК соблюдения закона КР о выборах.

"Мы требуем соблюдения всех наших прав. В частности, права нашей партии участвовать в предстоящих выборах. ЦИК в нарушение закона о выборах не допустил нашу партию к выборам, ссылаясь на то, что мы вовремя не внесли избирательный залог в размере 5 млн сомов. Однако в Конституции прописано, что залог можно внести в период регистрации списка кандидатов в депутаты. Сейчас ЦИК еще не завершил регистрацию кандидатов, следовательно, мы могли бы внести всю сумму избирательного залога. Однако ЦИК, не прислушиваясь к букве закона, не хочет нашу партию допускать в выборам", - пояснил он.
Асанов отметил, что уже вторые сутки в знак протеста не принимает пищу.

"Сегодня в 18.00 будут уже вторые сутки, как мы держим голодовку. Состояние здоровья пока удовлетворительное. Мы находимся в штабе партии и вечером домой не едем. Мы намерены выражать протест до победного конца", - сказал он.

На вопрос "ВБ", наблюдают ли медики за состоянием здоровья голодающих, Асанов ответил отрицательно. Он также подчеркнул, что к ним никто из представителей власти не приходил.

Отметим, сегодня в 18.00 ЦИК должен предоставить партии свой официальный ответ по поводу участия в выборах.

Асанов добавил, что после получения ответа от ЦИК партия решит, как быть дальше.

"Если нам откажут, мы подадим в суд и не прекратим голодовку, а дальше готовы идти на митинг", - сказал он.

Между тем в ЦИК уверены, что партии должны были внести избирательный залог до 26 августа.

Напомним, 25 августа глава ЦИК заявил, что только 14 политических партий дальше участвуют в предвыборной гонке, поскольку остальные не смогли вовремя представить списки кандидатов и избирательный залог. Партия "Эгемен Кыргызстан" , по данным ЦИК, до 25 августа успела внести лишь 700 тыс. сомов из 5 млн сомов избирательного залога.

Отметим, в действующем законодательстве существуют противоречия, поэтому ЦИК и партия не могут прийти к консенсусу. В законе о выборах прописаны нормы, согласно которым партии должны внести избирательный залог до определенного времени, но при этом имеется приписка, что избирательный залог вносится в течение периода регистрации кандидатов в депутаты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#287 Пользователь офлайн   Patrik   28 Август 2015 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Мырзакматов Санкт-Петербург шаарынан кармалды
Коом эмне болуп баратат, түшүнүп болбойт. Ачкөздүккө ушунча берилген айрымдар карапайым элдин акчасын ээликтеп алып, мамлекеттен чыга качышууда.
Алардын бири, «пенсионерлердин банкка салган акчасын уурдап качып кеткен» деген шек менен “Росинбанктын” Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы филиалынын мурдагы бөлүм башчысы Акмат Мырзакматов кармалды. Мырзакматов кардарлардын аманат акчасын өз кызыкчылыгына колдонуп, жалпы 1,9 млн. сомго жакын каражатты уурдагандыгы аныкталган. Анын үстүнөн ондон ашуун жаран укук коргоо органдарына арыз жазган. Алардын арты 20 миң сом, алды 500 миң сом зыян тарткан. Мырзакматовго карата 2013-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171 – (ыйгарылган мүлктү ээлеп алуу) жана 350 – (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүгө карата эл аралык издөө жарыяланган эле. “Кылмышка шектүү адамдын жоктугунан ардагерлердин аманат акчасы кайтарылбай, кылмыш иши убактылуу токтоп турган. 2015-жылдын июль айында Жалал-Абад ОИИБнин кылмыш иликтөөчүлөрү Россия Федерациясына издөө үчүн атайын жөнөп кетип, А.Мырзакматовду Санкт-Петербург шаарынан кармашты”, - дейт Жалал-Абад ОИИБнын өкүлү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#288 Пользователь офлайн   Patrik   28 Август 2015 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Депутат деле эметет, тоюс сөгүнөт да…


Интернет желесинде дагы бир «кызыктуу» видео пайда болду. Видео тасманын жүрүшүндө депутат Акылбек Султановдун машинеси туура эмес жерде токтоп тургандыктан, жол-кайгуул кызматкерлери келип машинени жылдырышын талап кылган учурда депутат мырза ачууланып, ал кызматкерди оозун толтуруп туруп, ашата сөгүп жатканы көрсөтүлөт.
Негизинен бул окуя былтыр апрель айында Өзгөн шаарында болгон. Аталган окуя боюнча Акылбек Султанов өз маалында тиешелүү жетекчилерге кат менен кайрылган. Вице-премьер- министр Абдырахман Маматалиев депутаттын кайрылуусуна 2014-жылдын 23-майында №23-137-катынын негизинде жооп берген. Анда бул окуя иликтенип Өзгөн райондук Жол-кайгуул кызматынын майору Г.Тешебаевге “эскертүү” жана милициянын капитаны К.Мамадилаевге сөгүш жарыяланган. Эсиңиздерде болсо, жакында эле Ош шаарында көчөдө сөгүшүп жаткан окуя тартылган видеонун негизинде жол-кайгуул кызматкерлеринин кылыгынан улам жалпы он төрт кызматкер жазага тартылды. Эки видеодо тең сөгүшкөндүктөрү үчүн жол-кайгуул кызматкерлери жазаланып жатат. Ал эми ошол эле видеодо ашата сөгүнүп, аларды «эметем» деп опурулуп аткан депутат кылы кыйшайбай эле жүрөт. Ошондо мыйзам дегенибиз даражага карап ишке ашып калабы? Же депутат болсо эле каалаган жеринде каалаганындай сөгүнүп жүрө береби? Тескерисинче, депутат, эл өкүлү ачууланса да карманып, адепти сактап, абайлап сүйлөшү керек го. Эгер ага чыдабаса, ачуусун кармай албаса анда депутат болуп не кылат? Депутаттын катардагы кызматкер менен көчөгө туруп алып богооздоно сөгүшүп жатканын көргөн коом каякка барат? Айтмакчы, депутат видео чыккан соң «Азаттыкка» маек берип, анда: «Эми кызуучулукта ушундай сөз чыкты. Мен элден кечирим сурайм», - деди. Журналисттин: «Кандай болгон күндө да коомчулук сизди катуу сындап атат. Мындан улам партияны уят кылбай талапкерликтен баш тартышыңыз мүмкүнбү?» деген суроосуна, «жанагы сүйлөгөн сөзүм үчүн жалпы кечирим сурашым мүмкүн. Анан эч нерсе болбой туруп эле баш тарткан кандай, билбейм эми, баш тартканда беш жылдык иштеген мээнетим, аброюм талаага кетиши керекпи?» деп кайра суроо узатты. Мындан улам собол жаралат. Акылбек Султанов өзү айтып аткан 5 жыл аралыгында эмне «мээнет» кылды деген. Көптүн бири катары депутат болуп жүргөнү ырас. Көрүнүктүү башка ишин билбейт экенбиз. Баса, Султанов Жогорку Кеңештин мыйзам, тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөсү. Парламентке КСДПдан шайланып келген. Депутат мырза буга чейин да чатакташууну «сүйгөндүгү» менен жалпы журтка маалым. Алсак, дагы бир депутат Равшан Жээнбеков менен парламенттик жыйын учурунда кер-мур айтышып, аз жерден мушташып кете жаздаган. Ошол эле Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев менен кайым айтыша кетип, кесиптешин суу куюлган желим бөтөлкө менен урганы да коомчулукта талкуу жараткан.


Булак: Де-факто
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#289 Пользователь офлайн   Patrik   28 Август 2015 - 17:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Астрологдор 4-октябрга коюлган шайлоо күнү өлкөгө бир топ кыйынчылыктарды алып келерин болжолдошууда. ...

Алардын айтымында, 4- октябрь оор күн. Бул күнкү шайлоодон же\ишке жетишип келген фракциялар өкмөт түзүүдө, коалиция түзүүдө кыйналышат жана мындай кыйналуу январь айына чейин созулушу мүмкүн.

Коомдук канал астролог Андрей Рязанцевдин божомолун алып чыкты. Анда: «4-октябрь шайлоого ийгиликтүү күн эмес. Кайрадан шайлоо болуп калышы да мүмкүн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы кечиктирилет, кыйынчылык ушуну менен бүтпөйт, парламентке келген фракциялар өкмөт жана коалиция түзүүдө тоскоолдукка кездешет», -дейт астролог.

Анын белгилешинче, шайлоо 24-октябрда же 1-ноябрда өтүшү дурус болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#290 Пользователь офлайн   Patrik   28 Август 2015 - 18:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 218
  • Катталган: 27 Август 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2016 19:59
  • Жынысы:Эркек

Качкын Булатов: “Атамбаевдин командасында ууру, паракорлор орун алган”

Шайлоо жакындаган сайын, Атамбаевдин тегерегинде жүргөн адамдардын ачылбаган сырлары, ачыкка чыга баштады.
Мындай сырлар эчакта эле белгилүү экени билинди, бирок керектүү учурда, натыйжа бере турган чагын күтүп турган экен. Эл оозунда айтылып жүргөн «Кырсык эгиз баладай эрчишип жүрөт» дегендей, Атамбаевдин алдында өзүнчө дилемма пайда болду, өзүнүн жакындарын колдойбу? Же мыйзам устөмдүгүн коргойбу? Себеби ишенип, кеңешип, чай ичишип жүргөн адамдары жүзүкара болуп чыга келишти. Биринчи иретте Кыргыздын аталыгы, эл башы шопур Илмиянов бийик даражага жетип, кут күтүп ири байлыкка ээ болгону, коомчулукка белгилүү. Баткендиктер көлөкө ичинде Кан кылып көтөргөнүн айтып жүрүшөт, бул өзүнчө жат көрүнгөн феномен эмеспи. Жакында бети ачылган “Ата Журт” партиясынан депутат Х. Коркмазов, президенттин аппарат башчысы Д. Нарымбаев, КР Жогорку Соттун биринчи орун басары К. Турганбаев, КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун ири көлөмдө пара алган учурда кармалганы, кылган кылмыш иштери адамдык касиеттен кеткенин тастыктады. Акүй уурулардын, паракорлордун уюгуна айланганын далилдеп жатпайбы.

Ч. Турсунбековдун банкты тартып алганы ири кылмыш эмеспи. Атамбаев жалпы элдин сакчысы болгондон кийин, мыйзамдын гарантты катары, токтосуз кылынган кылмыш ишке, милдеттүү, жоопкерчиликтүү кадамдарды кылып кылмышка шектүүлөрдү камакка алусу зарыл эле. Тилекке каршы андай кадамдар жок болуп, кандайдыр ишти кыскартуу фазасына багыт алганы билинип калды. КР. ЖК депутат Чыныбай Турсунбековду эл менен жолугушканды токтотуп, элдин жузунө алып чыкканы аброй алып келбейт. Атамбаев чыныгы кадамдарга барышы абзел, бул мезгил талабы.

Укук коргоочу
Качкынбек БУЛАТОВ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#291 Пользователь офлайн   medina.   30 Август 2015 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Нурек жана Шахритуз шаарларына айрымдар “Ислам мамлекети” террордук тобунун байрагына окшош кара желек илип кетишти. Бул окуяга байланыштуу 14 адам кармалып, сурак берүүдө. Алардын айрымдары өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын өкүлдөрү экени айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Нуректин кээ бир тургундары “Ислам мамлекети” тобунун Юнус аттуу согушкери менен интернетте таанышып, ага берилгендигин далилдөө максатында калаанын борборуна кара желек илишкен. Бул окуядан кийин бийлик өкүлдөрү августтун башында Шахритузда да ушундай желек орнотулганын, ал дароо жок кылынганын маалымдашты.



Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#292 Пользователь офлайн   medina.   30 Август 2015 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Немецтик «Бавария Мюнхен» футболдук клубунун эки мусулман футболчусу жарнамалык сүрөт үчүн колдоруна сыранын айнек идиштерин кармап сүрөткө түшүүдөн баш тартышты.

Алар мындай чечимдерин диний ишенимдери менен түшүндүрүштү.

Сыра чыгаруучу ишкананын жарнамасы үчүн сүрөттө «Бавариянын» Франк Рибери менен Мехди Бенатиядан башка футболчулары колдоруна сыранын айнек идиштерин кармап турушат.

Биринчиси колун тизесине коюп отурса, экинчиси акыркы катарда жөн эле туруп турат.

Сүрөт
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#293 Пользователь офлайн   medina.   30 Август 2015 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Сүрөт Бүгүн, 29-августта ишембиликке чыккан Ош шаарынын тургундары Сулайман-Тоонун аймагын тазалады.

Мэриянын маалыматына ылайык, ишембиликке «Сулайман-Тоо» музейинин, социалдык тармактардын кызматкерлери, ӨКМдин өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана №3 Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен шаардын активдүү жашоочулары болуп 300дөн ашык адам чыкты.

Тазалоо иштеринин натыйжасында Сулайман-Тоонун айланасы ар кандай таштандылардан арылды.


Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#294 Пользователь офлайн   medina.   02 Сентябрь 2015 - 19:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Президент Алмазбек
Атамбаев Кытай эл
республикасында сапар
менен жүрөт. Сапар
учурунда Кытай-Кыргызстан-
Өзбекстан темир жолун
куруу талкууланары
белгиленген. Кыргыз
бийлиги тарабынан бирде
колдоого алынып, бирде
четке кагылып келаткан
темир жолдун тагдыры оң
жагына чечилеби?
Президент Алмазбек
Атамбаевдин 31-августтагы
сөзүнө караганда, анын
Кытайга сапары учурунда
Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан
темир жолун куруу боюнча
сүйлөшүү болот. Белгилүү
болгондой, президент
Атамбаев баштаган кыргыз
делегациясы 1-сентябрда
Кытайга барды.
Кыргыз делегациясы эки
тараптуу кызматташууларды
өнүктүрүүгө байланыштуу
сүйлөшүүлөрдөн сырткары
Кытайдын Жапония менен
согуштагы жеңишин
майрамдоо боюнча салтанатка
да катышат.
Кытай сапарынан кийин
Алмазбек Атамбаевдин Иран
ислам республикасына сапары
белгиленген. Иран сапарында
да Иран-Тажикстан- Кытай
темир жолу боюнча сүйлөшүү
болору айтылды. Иран-
Тажикстан-Кытай темир
жолун куруу боюнча бир нече
багыттар каралып жатканы
маалым. Анын бири боюнча
темир жол Кыргызстан
аймагынан да өтөт. Бирок бул
темир жолду куруу боюнча
иштер жасала элек.
“Кыргыз Темир жолу”
мамлекеттик ишканасынын
Долбоорлоо жана куруу
боюнча департаментинин
башчысы Канат
Абдыкеримовдун
билдирүүсүнө караганда, Иран-
Тажикстан-Кытай темир
жолунун Кыргызстандан өтө
турган бөлүгү боюнча
техникалык- экономикалык
негиздеме жасала элек.
Маселе изилдөө деңгээлинде
турат.
Ал эми Кытай-Кыргызстан-
Өзбекстан темир жолун
куруунун техника-
экономикалык негиздемеси
аяктоо алдында турат дейт
Абдыкеримов:
- Бүгүнкү күндө биз техника-
экономикалык негиздемесин
аяктап атабыз. Ушул айдын
аягына карай толук
бүтүрөбүз. Багыты боюнча
айтсам, Торугарттан кирет.
Торугарт-Ат- Башы ГЭСи-
Макмал-Жалал- Абадга түшөт.
Канат Абдыкеримовдун
айтуусунда, бул биринчи жана
негизги вариант. Экинчи
вариант боюнча Торугарт-
Арпа-Жалал-Абад багытында
болот. Бул багыттардын баары
иликтенип, Кыргызстан үчүн
эң ыңгайлуусу тандалып
алынат.
Кыргызстандын унаа жана
байланыштар боюнча мурунку
министри Калыкбек Султанов
баштаган кыргыз делегациясы
быйыл февраль айында
Бээжинге барып, Кытай-
Кыргызстан- Өзбекстан темир
жолу боюнча сүйлөшүү
жүргүзүп келген. Анда Кытай
тарап темир жолдун эни 1
метр 52 сантиметр болушуна
макул болгон. Мындай
стандартта КМШ
мамлекеттеринин поезддери
жүрөт. Буга чейин темир
жолдун эни Кытай
стандарттына ылайык болот
деп болжолдонуп, ал
Орусиянын кескин
каршылыгын жараткан. Мына
ошонун айынан 2013-жылы
кыргыз тарап Кытай-
Кыргызстан- Өзбекстан темир
жолун курууга кызыкпай
калганы маалымдалган.
Президент Алмазбек Атамбаев
анын ордуна Тажикстан-
Кыргызстан- Казакстан-Орусия
багытында темир жолун куруу
демилгесин көтөргөн. Бирок
аны каржылоого эч ким
чыккан эмес.
Президент Алмазбек
Атамбаевдин Кытайга
сапары.
Ал эми Кытай-Кыргызстан-
Өзбекстан темир жолун Кытай
өкмөтү каржылоого даярдыгын
билдирип келет. Кыргызстан
болсо долбоорго жер участогун
берүү менен катышат.
Февраль айындагы Калыкбек
Султановдун Бээжинге сапары
Кыргызстан өкмөтүнүн
позициясы өзгөргөнүнөн кабар
берет.
Саясат таануу илимдеринин
доктору Аалыбек Акунов
темир жолдун курулушуна оң
баа берет:
- Бизге темир жол аябай эле
керек. Анын биз аркылуу
өткөнү жакшы. Улуу Жибек
жолу деле биз аркылуу өткөн.
Жол өткөн жер өнүгөт. Темир
жолдун жээгине кампалар
курулат, инфраструктура
өнүгөт. Биз деңиз жолуна
чыкпайбыз. Мындай шартта
кандай варианты болсо деле
темир жол бизге жакшы.
Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан
темир жолунун
Кыргызстандагы бөлүгү 2012-
жылдагы эсепте 430 чакырым
келип, баасы 6 млрд.
доллардын тегерегинде деп
болжонгон. Андан кийин
жолдун багыттары жана
пландары өзгөртүлгөн.
Ошондуктан техника-
экономикалык негиздеме даяр
болгондон кийин темир
жолдун баасы, аны куруунун
жана өзүн-өзүн актоонун
мөөнөттөрү айкын болмокчу.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#295 Пользователь офлайн   medina.   06 Сентябрь 2015 - 00:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Борбордук шайлоо
комиссиясы шайлоо күнү
паспорттогу дарегинде эмес,
башка жерден шайлоочу
жарандардын саны 200
миңден ашары
болжолдонууда.
Ички миграциянын эсебинен
Ош менен Бишкекте
айылдардан көчүп келгендер
арбын экендигин, жаңы
конуштарда шайлоо күнү
топураган тыгындар болуп
калышын эсепке алган БШК
эки шаарга кошумча 40тан
ашуун убактылуу шайлоо
участкаларын ачууда.
Боршайкомдун мүчөсү Рашид
Бекбасаровдун “Азаттыкка”
билдиришинче, мындай
участоктор жаңы конуштарда
ачылат, ага Бишкекте 200
миңден ашуун шайлоочулар
добуш бермекчи.
- Биздин эсеп боюнча
Бишкекте 200 миңден ашык
башка аймактарда жашаган
жарандар биометрикалык
маалыматын тапшырган.
Булардын бардыгы шайлоого
Бишкектен эле катышат
деген божомолдорубуз бар.
Азырынча арыз жазгандар аз
эле, бирок шайлоого
жакындаганда көбөйөт деп
турабыз.
Бишкектеги жаңы
конуштардын бири
Жаңы конуштагылардын
добушу чоң күчкө ээ болуп
калгандыктан, партия
талапкерлери алардын
көңүлүн алуу үчүн түрдүү
амалдарды издөөдө. БШК
төрагасы Туйгунаалы
Абдраимов билдиргендей,
айрым талапкерлер жетиштүү
добуш алуу үчүн Бишкектеги
тааныш-билиштерин өзүнө
тиешелүү участкаларга алып
барып, шайлоого катышууга
арыз жаздыртууда. Бул бир
жагынан мыйзамдуу болгону
менен аларды каттоого алуу
БШК үчүн бир топ
оорчулуктарды жаратып
жатканын төрага жашырган
жок.
Минтип "орун алмашуунун"
мыйзамдашуусуна БШКнын
мурдагы төрагасы Акылбек
Сариев макул эмес. Анын
айтуусунда, мындай аракет
"пара берүү" же "сатып алуу"
катары эсептелет, анын
укуктук жоопкерчилиги
мыйзамда каралган.
- Азыр талапкерлер
округдарды бөлүп алды.
Кыйбас кишилерин же
тааныштарын ушул жактан
добуш бергиле деген үгүттөө
башталды. Бул үчүн
шайлоочуларды сатып алуу
же кызыкчылык деген
беренелер мыйзамда бар. Бирок
ким аларды көзөмөлгө алат,
канчалык деңгээлде мыйзам
аткарылат деген суроолор
турат.
Паспорттогу дарегине
катталбай башка жерден
шайлай тургандар 19-
сентябрга чейин 2-форманы
толтуруп, арыз жазуусу керек.
Мамлекеттик каттоо
кызматынын төрага орун
басары Дастан Догоев
шайлоочу арыз жазган күндөн
баштап, анын каттоодо турган
тизмедеги аты-жөнү
өчүрүлөрүн айтууда. Бул жол
менен Каттоо кызматы
шайлоочунун эки участоктон
добуш берип ийбесин алдын
алууда.
Шайлоо
- Мисалы, каттоосу Ошто
болуп, бирок Бишкектен
шайлайм десе шайлоо
участкасына келип, форма 2
деген документти толтурат.
Ошондон кийин биз анын
Оштогу участкасынан алып,
каттоосун Бишкекке койобуз.
Ушундай жарандар Бишкекте
200 миң болот деп турабыз.
19-сентябрдан кеч калгандар
шайлоого катыша албайт.
Бейөкмөт уюмдарынын
маалыматында,
шайлоочуларды 15 күн
калганга чейин өзүн тизмеден
тактап, же арыз жазууга
ынандыруу кыйын болот.
“Коомдук анализ”
институтунун жетекчиси Рита
Карасартова жарандар эртең
шайлоо күнү дегенде гана
кыймылдап, алдын-ала арыз
жазганды унутуп, кабар албай
калышы мүмкүн. Натыйжада
көпчүлүк адамдар арасында
шайлоо күнү түшүнбөстүктөр
чыгышы ыктымал.
- Шайлоочулар 15 күн калганга
чейин арыз жазганы
барышпайт. Шайлоо болгон
күнү барып алып, мен
шайлашым керек, укугуман
ажыратып жатасыңар
дегендер башталат. Негизинен
жарандар биометрика
тапшыргандан кийин,
прописка схемасы жоюлуп,
кайсыл жерден добуш берип
жатканы эсепке алынбай
калышы керек болчу.
Ички мигранттардан тышкары
2-форма менен шайлоого
милиция, байкоочулар жана
участкалык комиссия
мүчөлөрүнө уруксат
берилүүдө. БШК муну менен
шайлоо күнү алардын өзүнө
тиешелүү участкаларга барып
шайлоого убактысы болбой
каларын эске алууда.
Жалпысынан шайлоо күнү
Бишкекте 39, Ошто жети
убактылуу шайлоо
участкалары шайлоочуларды
кабыл алат.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#296 Пользователь офлайн   medina.   07 Сентябрь 2015 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Түркмөнстан менен
Кыргызстан өкмөтүнүн
август айындагы
макулдашууларына карабай
түркмөн студенттери
Бишкекке окууга жөнөтүлгөн
жок.
Сентябрдан тарта
Кыргызстанда сабагын уланта
албай калган ондогон түркмөн
жаштарынын окуусу эмне
болору белгисиз.
Адистер Ашхабаддын
студенттерди жөнөтүүдөн
коркуп жатканын саясий
себептер менен
байланыштырууда.
Борбор Азиядагы Америка
университетине быйыл
Түркмөнстандан үч студент
келмек. Алар өткөн жылы
окуу жайга тапшырууга
даярданып, экзамендерин
ийгиликтүү тапшыргандан
кийин, Ашхабадга кетишкен.
Бирок сентябрда алардын
бирөө гана сабакка келди.
Окуу жайдын маалымат
боюнча адиси Дина
Орозбаева буларга токтолду:
- Окууга келген түркмөн
студенти Орусиянын
жарандыгын алганы үчүн гана
чек арадан кое беришкен. Ал
эми берки эки кыз
Түркмөнстандын жараны
болгону үчүн бул жакка
жөнөтпөй коюшуптур.
“Чынында булар силердин
студентиңерби? ” деп атайын
тастыктама сураган экен,
биздикилер берип
жиберишиптир. Бирок ошого
карабай жибербей
коюшканына эч түшүнбөй
жатабыз.
2010-жылы ушул эле Борбор
Азиядагы Америка
университетинде 50-60тай
Түркмөнстандын студенти
билим алчу. Ошол жылкы
саясий окуялардан улам ал
студенттердин дээрлик баары
Кыргызстанга келүүгө уруксат
албай калган.
Ошол эле маалда
Кыргызстандын Эл аралык
университетинде (МУК)
окуган түркмөн студенттери
да Бишкекке келе албай
калышты. Бул окуу жайда
2010-жылга чейин 200 студент
окуса, азыр онго жетпеген
түркмөн жаштары калган.
Бишкек шаарындагы
Заманбап маалыматтар
технологиясы институтунда
(ИСИТО) дагы буга чейин 70ке
жакын түркмөнстандык
студент окуса, азыр алардын
бири да калган эмес.
-Түркмөн студенттери келбей
калгандан биз зыян тартып
аткан жокпуз, бирок алар
үчүн кабатыр болуп атабыз.
Анын бирөөсү окууну
аяктаганы жаткан, бирөөсү
эми биринчи курска отурган
эле. Негизи бул маселени
мамлекет жетекчилеринин
деңгээлинде чечүү керек
окшойт. Анткени
Түркмөнстандан бизге келип
окугусу келген жүздөгөн
студенттер бар, - деди Борбор
Азиядагы Америка
университетинин маалымат
боюнча адиси Дина Орозбаева.
Мамлекет
жетекчиликтеринин
деңгээлиндеги келишим
демекчи, август айынын
башында Бишкекке иш сапар
менен келген
Түркмөнстандын президенти
Гурбангулы Бердымухамедов
кыргыз бийликтери менен
бир катар келишимдерге
жетишкендей болгон. Бирок
андан деле жыйынтык болбой
жатканын адистер
белгилешет.
Бишкек шаарындагы
Заманбап маалыматтар
технологиясы институтунун
өкүлү Татьяна Балтиева
habartm.org түркмөн сайтына
буларды билдирген:
- Биз түркмөн
студенттеринин
менталитетин эске алып,
курстарда аларга ылайыктуу
дициплина киргизген болчубуз.
Анын натыйжасында бизден
билим алган менен
Түркмөнстанда каалагандай
иштей берүүгө билимдери чак
келмек. Бирок түркмөн
бийликтери кыргызстандык
окуу жайлардын дипломдорун
өз өлкөсүндө кабыл албай,
жараксыз кылып коюшат
экен. Менимче, ал жактан
жаштар бизге ушундан улам
да келбей коюшту окшойт.
Акыркы өкмөттүк
деңгээлдеги келишимдерде
билим берүү боюнча
макулдашуу планы барбы же
жокпу, бизге министрликтен
эч ким айткан жок.
Түркмөнстандын
оппозициялык саясатчысы,
түркмөн парламентинин
мурдагы депутаты Халмурат
Сүйүнов бийликтер
студенттерди сыртка чыгарбай
жатканынын негизги себебин
саясаттан көрөт:
- Мурдагы президент
Ниязовдун тушунда
Түркмөнстанда билим берүү
аябай төмөндөп кеткен. Ошол
себептүү, ата-энелер балдарын
Орусия, Украина, Кыргызстан
сыяктуу өлкөлөргө жөнөтүүгө
кызыкдар болгон. Советтик
мезгилден кийин
Кыргызстанда билим берүү
Борбор Азиядагы башка
мамлекеттерге
салыштырмалуу жакшы
өнүккөндүктөн, экинчиден,
кыргыз маданияты бизге
жакын болгону үчүн
Кыргызстанга окугусу келген
түркмөн студенттери
көбөйгөн. Анан Кыргызстанда
эки жолу революция болуп,
адам уктарын сыйлоодо
алдыга жылуу баштаганда,
түркмөн бийлиги
демократияны "жугузуп"
алуудан коркту. Бишкекте
окуган студенттер ал
жактан билимдүү болуп
келип алып, Түркмөнстанда
укуктарын талап кыла
баштарынан мурдагы
президент дагы корккон,
азыркы президент дагы коркуп
жатат. Болбосо
студенттерди Кыргызстанга
жөнөтпөй коюуга мындан
башка себеп көрө албай турам.
Түркмөн саясатчысы
Сүйүновдун айтымында, азыр
Түркмөнстанда мектепти
бүткөн миң окуучунун ашып
кетсе 10-15и гана чет жакка
чыгууга уруксат алат:
-Түркмөнстандын
чиновниктеринин, укук коргоо
органдарынын жана бийликке
кызмат кылган бир ууч
адамдардын эле балдары чет
өлкөлөргө окуганы барат.
Катардагы жарандардын
балдарын сыртка чыгарууга
тыюу салса, экинчиден жарды
катмардын чөнтөгү жука,
анткени өлкөдө жакшы айлык
жок да. Түркмөн бийлиги
"караңгы элди башкаруу оңой"
деген принципти
кармангандай.
Кыргызстанда билим алууга
тыюу салуусун Түркмөнстан
2009-жылы баштаган. Анда
кеминде 200дөн ашык
түркмөн студенти жайкы
каникулдан кийин Бишкекке
келе албай калган. 2010-жылы
АКШ менен Түркмөнстан
Борбор Азиядагы Америка
университетинде
студенттердин окуусун
улантуу тууралуу
макулдашкан. Бирок Ашхабад
өз жаштарын Кыргызстанда
эмес, Болгариядагы жана
Санкт-Петербургдагы Америка
окуу жайларына окутуу
талабын койгон.
2010-жылга чейин
Кыргызстанда жалпы 5
миңдей түркмөн студенти
билим алчу. Алардын дээрлик
баары Кыргызстанга кайткан
жок
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#297 Пользователь офлайн   medina.   07 Сентябрь 2015 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Коомдук жана мамлекеттик
ишмер Турдакун Усубалиев
бүгүн 96 жаш курагында
оорудан улам кайтыш болду.
Бул тууралуу “Азаттыкка”
небереси Эрмек Усубалиев
билдирди. Маркумду акыркы
сапарга узатуу зыйнатын 9-
сентябрда Бишкектеги Тарых
музейинде өткөрүү
пландалууда. Өкмөт коштошуу
аземин уюштуруу үчүн
комиссия түздү.
Усубалиев 1919-жылдын 6-
ноябрында Кочкор районунда
туулган, 1941-жылы
Фрунзедеги мугалимдер
институтун аяктаган. Ошол
жылы партиялык карьерасын
баштап, 1945-жылы Москвага
КПСС Борбордук комитетине
инструктор болуп барган.
Ошондон кийин болочоктогу
кыргыз лидеринин саясаттагы
турмушу тепкичтен тепкичке
өйдөлөп отурган. 1955-жылы
“Советтик Кыргызстан”
гезитинин редактору, 1961-
жылы Кыргызстан
Компартиясынын Борбордук
комитетинин 1-катчысынын
кызматына киришкен.
Усубалиев 24 жыл, 5 ай, 24 күн
Кыргызстан коммунисттик
партиясынын биринчи
катчылык кызматын аткарып,
бийлик мөөнөтүнүн узактыгы
боюнча Бүткүл союздук рекорд
койгон.
2014-жылы коомдук ишмердин
95 жылдык маарекеси
мамлекеттик деңгээлде
белгиленген.
Усубалиевдин өмүр-
таржымалына арналган
баянды бул шилтемеден
окуңуз.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#298 Пользователь офлайн   medina.   07 Сентябрь 2015 - 22:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Кишиневдун борборунда
1990-жылдардан берки эң
ири митингдин бир нече
миң катышуучусу кала
берүүдө. 6-сентябрда
президенттин жана
өкмөттүн отставкасын талап
кылган акцияга он миңдеген
киши чогулган.
Митингчилердин бир бөлүгү
дүйшөмбүгө караган түндү
Молдова баш калаасынын
борбордук аянтына тигилген
30 чакты чатырларда
өткөрүштү. Уюштуруучулар
өлкөнүн «бийлиги толугу
менен алмашмайынча»
массалык чыгууларды
токтотпосун айтышууда.
«Ар-намыс жана
адилеттүүлүк» деген
жарандык кыймыл жекшемби
күнү аянтка 100 миңге чейин
киши алып чыкканын
ырасташууда. Полиция болсо
чогулгандардын саны алда
канча аз болгонун, 60 миңге
чамалаганын билдирүүдө.
Митингчилер өлкөнүн үч ири
банкынан 1 миллиард евронун
чет өлкөгө чыгарылышына
бийликтин тиешеси бар деп
эсептешет. Алар «Өлкөбүздү
кайтаргыла! », «Олигархтар
кетсин!» - деген ураандарды
чакырып турушту.
"Интерфакс" кабар
агенттигинин
маалымдаганына караганда,
митингчилер Башкы
прокуратурага карай жүрүш
жасап, полициянын
кордонунан өтүүгө
аракеттенгенде кагылышуу
чыгып кеткен. Бир нече киши
кармалып, бир канчасы
жарадар болгон.
Айрым маалымат
каражаттары бийлик
митингди үзгүлтүккө учуратуу
үчүн Кишиневдун борборунда
акысыз концерт уюштурууга
аракеттенген. Бирок
артисттердин көбү ага
катышуудан баш тартышты.
Кыймылдын лидерлери
президент Николае
Тимофтинин, Улуттук банк,
Башкы прокуратура,
Антикоррупциялык
мекеменин жетекчилигинин
кызматтарынан кетишин,
кийинки жылдын мартына
чейин кезексиз парламенттик
шайлоо өткөрүүнү талап
кылышууда.
Өкмөт башчы Валерию
Стрелец паракорлук менне
күрөшүүгө, митингчилердин
талаптарын караштырууга
убада берди. Сөз болгон акча
2014-жылкы парламенттик
шайлоонун алдында
табышмактуу жагдайда жок
болуп кеткен. Тагыраак
айтканда, каражат
коммерциялык үч банктан​
чыгарылып кеткен.
"Кылым аферасы" деген атка
конгон окуядан кийин улуттук
валютанын куну качып,
инфляция өскөн, бул өз
кезегинде элдин жашоо
деңгээлин кыйла
төмөндөткөн. Бир миллиард
евро – өлкөнүн ички дүң
өндүрүмүнүн сегизден бир
бөлүгүнө барабар.
Ага удаа үстүбүздөгү июндун
ортосунда премьер-министр
Кирилл Габуричтин
отставкага кетиши саясий
кризиске алып келген. Анын
алдында премьер банк
жаңжалына тиешеси бар деп
айыпталып жаткан бир катар
жетекчилердин
кызматтарынан кетишин
талап кылган. Ошондон
кийин тергөөчүлөр өкмөт
башчынын жогорку билим
жөнүндөгү дипломдоруна
кызыга башташкан.
«Ар-намыс жана
адилеттүүлүк» кыймылы өзүн
батышчыл деп эсептегени
менен азыркы бийликке
оппозицияда болуп келатат.
Бул саясий күч коррупцияга,
калктын жакырлануусуна
каршы күрөшүүнү максат
кыларын айтып келет.
Кыймыл бул өңдүү митингди
ушул жылдын май айында
өткөрүп, анда ага 30 миңдей
киши катышкан.
Бир нече айга созулган саясий
кризистен кийин Молдовада
демократиялык жана либерал-
демократиялык партиялардан
турган өкмөт куралган.ь
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#299 Пользователь офлайн   medina.   07 Сентябрь 2015 - 22:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Өкмөт башчы Темир Сариев
финансы-экономикалык
багыттагы программасын
жарыялады. Акча-насыя
саясатын кардиналдуу
өзгөртүүнү көздөгөн өкмөт
башчынын программасын
аткарууга убакыт жана
мүмкүнчүлүк болобу? Ал
реформалар турмушка
ашырыла баштаса кандай
тобокелчиликтер чыгышы
мүмкүн?
Темир Сариевдин
программасы 2017-жылга
чейинки мөөнөттү камтыйт.
Ошондуктан парламенттик
шайлоонун жыйынтыгы
боюнча кайсы партия
жеңишке жетишип, кандай
коалиция түзүлөрү азырынча
белгисиз болуп турганда,
Темир Сариевдин орто
мөөнөттүк программасынын
канчалык зарылдыгы бар
деген суроо туулат.
Экинчи жагынан Темир
Сариев өкмөт башчылыктын
тагдыры келечектеги
шайлоонун жыйынтыгына
жараша чечилерин билсе да,
экономикалык программасы
жана көз карашы бар экенин
жарыялап коюну эп
көргөндөй. Өкмөттөгү
булактар мына ушул
версиянын чындыкка жакын
экенин тастыкташууда.
Программанын өзүнө келе
турган болсок, ал тезис
түрүндө жазылып, мурунку
программалардан
айырмаланып акча-насыя
саясатын өзгөртүүнү көздөйт.
Маселен, азыркы кезде
жүргүзүлүп жаткан акча
саясаты импортту колдоого
багытталган, аны биз
экспортту колдоого карай
өзгөртүшүү керектиги
белгиленген. Мамлекеттик
макроэкономикалык саясат
инфляцияны ооздуктоого эле
эмес, экономикалык өсүштү да
камсыздоого багытталышы
көрсөтүлгөн.
Экономика министрлигинин
алдындагы
макроэкономикалык саясат
башкармалыгынын башчысы
Насирдин Шамшиев Темир
Сариевдин программасын
жалпы өкмөттүн программасы
экенин белгилеп, бул
программаны аткарууга
өкмөттүн кирише албастыгын
жокко чыгарбайт:
- Эми азыркы өкмөт бул
программаны аткарууга
чечкиндүү кирише албайт.
Анткени 4-октябрда боло
турган шайлоо буга жол
бербейт. Ал шайлоодо кайсы
партия келет, кайсы күчтөр
коалицияга барып, өкмөттү
түзөрүнө жараша болот. Бул
программа эми келерки
өкмөткө негизги багыттарды
көрсөтүү болмокчу.
Ал эми экономика
илимдеринин доктору
Жумакадыр Акенеев өкмөт
башчы Темир Сариевдин акча-
насыя саясатын өзгөртүп, аны
экспортту колдоого карай
буруу максаты туура дейт:
- Биз накталай сомдун
көлөмүн азайтып,
инфляцияны ооздуктайбыз
деген туура эмес. Инфляция
азыраак көбөйсө эч нерсе эмес.
Негизгиси экономика иштеш
керек. Инфляциядан коркуп
эле накталай сомдун көлөмүн
азайтабыз десе, анда
экономиканы жок кылып
алабыз.
Экономика илимдеринин
доктору Айылчы Сарыбаев
акча-насыя, валюта саясатын
экспортту колдоого АКШ,
Кытай өңдүү ири мамлекеттер
пайдаланып жүргөнүн,
экономикасы алсыз
Кыргызстан андай саясат
жүргүзүүгө чамасы келеби деп
шекшинет.
Кыргызстандын Улуттук
банкы жана өкмөтү жүргүзүп
келаткан макроэкономикалык
саясат инфляцияны ооздуктоо
жана улуттук валютанын
туруктуулугун камсыздоону
көздөйт. Мындай саясат
республика эгемендүүлүк
алгандан кийин эл аралык
финансылык уюмдар
тарабынан сунушталган.
Эгемен Кыргызстан
мезгилинде 24 өкмөт башчы
алмашса да бул акча-насыя
саясат өзгөртүлбөй келатат.
Бул саясатты аткаруу үчүн
Улуттук банк валюта
резервин чачып, мамлекеттин
акча базарында накталай
сомдун көлөмүн кыскартууга
аракеттенип келатат.
Ошондуктан Темир Сариевдин
экономикалык программасын
ишке ашыруу үчүн Улуттук
банктын саясатын өзгөртүү
жагын макулдашуу керекпи
маселеси чыгат. Анткени
Темир Сариевдин
программасында инфляцияны
ооздуктоо эмес, экономикалык
өсүшкө артыкчылык берүүгө
басым жасоо мына ошону
талап кылат.
Кыргызстан
экономисттеринин ичинде
акча-насыя саясатын
жүргүзүүнү эки түрү боюнча
талаш-тартыштар бар.
Экономист Эркин Сакиев
Кыргызстандын Улуттук
банкы АКШнын Резервдик
системасы сыяктуу эле
республика экономикасын аз
үстөк пайыздуу жана узак
мөөнөттүк насыя менен
камсыздап, экономикалык
өсүшкө салым кошуш керек
дейт.
Ал эми Улуттук банк негизги
милдети катары жогоруда
айтылгандай
макроэкономикалык
туруктуулукту жана сомдун
курсунун кескин өзгөрүүсүнө
жол бербөөнү көрөт. Темир
Сариев бул саясатты өзгөртө
алышы көп жагынан
күмөндүү.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#300 Пользователь офлайн   medina.   13 Сентябрь 2015 - 14:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

The Independent гезити
окумуштуулардын акыркы
тыянагын басып чыгарды.
Анда адамзат азыркы темп
менен жер алдындагы
минералдык заттарды казууну
улантса, Антарктика деңизи
тездик менен эрип, өз
деңгээлинен 60 метрге ташып,
дүйнөдөгү миллиарддаган эл
жашаган шаарлар деңиз
алдында калат деп айтылат.
Суу басчу шаарлардын
башында Лондон, Нью-Йорк,
Токио жана Гонконг бар.
Потсдам университетинин
профессору Андерс
Леверманн: “Антарктика
деңизинин түштүк бөлүгү
азыр тынымсыз эрүү
процессинде. Токио, Гонконг,
Шанхай, Калькутта, Гамбург
жана Нью-Йоркту сактап
калыш үчүн Антарктиканы
алгач көздүн карегиндей кароо
зарыл. Бирок азыркыдай
мунай, көмүр өндүрүү темпи
менен суу каптоону токтотуу
кыйын болуп калат”, - деген.
Изилдөөгө катышкан Карнеги
институтунун профессору Кен
Калдейра да Леверманндын
сөзүн тастыктап,
Антарктиканын эрүүсүнө
ашыкча казылып, колдонулган
мунай менен көмүр болуп
жатканын айтты. Аталган
деңиз акыркы мезгилде
жылына 3 сантиметрден
ылдыйлап, акыркы 60-80
жылдын ичинде 30 метрге
бийиктеди деп жазат The
Independent.
Пакистан качкындарды
согуш талаасына айдоодо
The Washington Post гезити
Европа Биримдигине кирген
өлкөлөр Пакистандагы
качкындар маселесине көз
салып, ошого жараша
качкындарга мамиле жасоо
керектигин жазып чыкты.
Күн сайын жүздөгөн ооган
качкындарын өз аймагынан
согуш болуп жаткан Ооганстан
жергесине кубалап, Пакистан
эң көп сандагы качкындарды
куугунтуктаган өлкө болууда.
Пакистандан куулган
оогандардын саны 1990-
жылдан бери эле азайбай
келет.
Гезитке маек курган
ооганстандык качкындар өз
укуктары Пакистанда
корголбой, бул өлкөнүн
расмийлеринен ар түрдүү
зомбулук көрүп жатышканын
билдиришти. “Биз бул жакка
өз өлкөбүздө согуш болгон
үчүн келгенбиз. Бирок бизди
кайра эле ошол согуш кайнап,
бомба жарылган мекенибизге
жеткирип коюп жатышат”, -
деди 60 жаштагы Рахик Хан
аттуу качкын.
Ушул жылдын январь айынан
бери эле 130 миң ооган
качкыны Пакистандан
Ооганстанга кайтарылган.
Пакистанда убактылуу
катталган качкындардын саны
1,5 миллиондон ашат.
"Путин Орусияны кыйроого
алып баратат"
Market Watch аналитикалык
журналы Владимир Путиндин
Сирияга карата жүргүзүп
жаткан саясатын сындап,
Орусияны "бул согушка
киришүү менен кыйроого
алып барат" деп жазды.
Орусия Сирияда жаңы аскерий
аба майданын куруп, миңге
чукул согуштук кеңешчисин
жибергени турат. Тартустагы
аба майданынан кийин
Сириянын Латакия шаарынын
сыртындагы аскерий аба
майданы Орусиянын бул
өлкөдөгү согуштук өнөктөш
экенин толугу менен
тастыктамакчы.
Орусиянын аскерий дымагы
муну менен эле чектелип
калбай, Украинада курчуп,
Европа менен күрөшүү үчүн
Арктикада аскердик, деңиз
алдынан сүзүүчү жана муз
сындыруучу миңдеген
кемелерди даярдоодо. Ал эми
Сирияга Владимир Путин
жеке эле этникалык же саясий
азчылыкты колдобой, бүтүндөй
режимди кулатуу үчүн
жардам берип жатат. Мындай
позиция Орусиянын улуттук
кызыкчылыгы үчүн
опурталдуу келип, өлкөсүнүн
оор абалга кептелишине
түрткү болот. Путин муну
Либиядагы кырдаалды өз
көзөмөлүнөн жоготуп алганда
эле түшүнүш керек болчу.
Ал арада СССР кулагандан
кийин калкынын саны 149
миллион болгон Орусия азыр
144 миллион эли,
мигранттардын көптүгү менен
демографиялык көйгөйгө туш
болду. Орусиянын азыркы
империалисттик дымагы,
экономикалык кайдыгерлиги
жана социалдык
кыйынчылыктары Петр
биринчи, Екатерина экинчи,
Николай падыша, Ленин,
Сталин жана Брежневдей эле
Путин үчүн да оор натыйжа
менен аяктачудай деп жазат
Market Watch.
Ханыша Елизавета -
тактаыда эң көп отурган
монарх
Дүйнөлүк басма сөздө узаган
аптада Англиянын ханышасы
Елизавета экинчинин тактыда
эң узак убакыт бою отурган
монарх болгону тууралуу
макала, сүрөт жана видео
баяндар көп чыкты.
The New York Times гезити да
ханыша Елизаветанын
бейнесине сереп салды. 25
жашында тактыга отурган
Елизавета азыр 89 жашта.
Британияны ал 23 миң 226
күн башкарып, 9-сентябрда эң
узак тактыда отурган падыша
наамына татыды.
Тарыхчы Дэвид Каннадин
Елизаветанын доору абдан
өзгөчө болгонун белгилеп:
“Ханыша Елизавета мыкты
башкаруучунун үлгүсү боло
алды. Заманбап өзгөрүүлөрдү,
өлкөсүндөгү өнүгүүнү тез
кабылдап, өз балдарынын
татыксыз иш аракетин оңдоп
кете алган мыкты энелик да
милдетин аткарды”, - деген
тарыхчы New York Times
гезитине.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Июл 2025 01:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: