Кыргыздар түрктөргө киреби?
#61 26 Май 2010 - 03:48
Ал эми азыркы учурда ар кандай ат менен (мисалы, казак кыргыз туркмон турк ж.б) жашап калышы убакытттын отушу, ар кандай саясий оюндардын негизинде гана озгоруп калган.Болбосо алардын бары бир эле ата энеден таркаган. Ал эми алардын бири бирин тааныбай жада калса бири бирин жек коруп калышынын эн негизги себептеринин бири жогоруда айтылгандай БОЛУП ЖАРУУ ЖОК КЫЛУУ саясаты болгон. Себеби аларды алсыз кылуунун эн оной жолу болуп жаруу болгон.Дуйнодого чон империялардын кулашынын тупкурундо да бул саясат жатат.
#62 09 Июнь 2010 - 09:52
Цитата
Керек болсо, турктор КЫРГЫЗдарга кирет. Алар бизге киргенине суйунушу керек.
Алар каяктагы карышкырдан таркадык деп жургондо, биздин озубуздун мамлекетибиз болгон бул тууралуу кытай булактары тастыктайт.

#63 09 Июнь 2010 - 09:53
Цитата
Ал эми азыркы учурда ар кандай ат менен (мисалы, казак кыргыз туркмон турк ж.б) жашап калышы убакыттын отушу, ар кандай саясий оюндардын негизинде гана озгоруп калган.Болбосо, алардын баары бир эле ата- энеден таркаган. Ал эми алардын бири бирин тааныбай жада калса бири бирин жек коруп калышынын эн негизги себептеринин бири жогоруда айтылгандай БОЛУП ЖАРУУ ЖОК КЫЛУУ саясаты болгон. Себеби аларды алсыз кылуунун эн оной жолу болуп жаруу болгон.Дуйнодого чон империялардын кулашынын тупкурундо да бул саясат жатат.
Билдирүүнү түзөткөн: ayza: 09 Июнь 2010 - 09:54
#64 09 Ноябрь 2011 - 13:24
Жалпы саны 1700 миң адам 1975-жылы. Кыргыздар СССРде 1452 миң адам 1970-жылы, көпчүлүгү Кыргыз ССРинде (1285 миң; 1970), чакан топтору Өзбек, Тажик, Казак республикаларында жашайт. Чет мамлекеттерден КЭРде, Афганистанда бар. Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт. Антропологиялык жактан монгол расасынын Түш. Сибирь бөлүгүнө кирет.
Кыргыздын этногенези тууралуу маселе өтө татаал. «Кыргыз» этноними чыгыш элдеринин айрым жазма булак тарында гяньгунь, хягяс, гэгунь ж. б. транскрипция менен биздин заманга чейин 203—201-жылдарда, Борбордук Азиядагы этностук же саясий бирикменин наамы катары байыркы түрк жазма эстеликтеринде болжол менен 6—9-кылымдарда, Тянь-Шанда жашаган элдин наамы катары араб, перс жана башка жазма булактарында (10—16-кылым) жолугат. Азыркы кыргыздын 10—16-кылымдарда Тянь-Шань аймагын мекендеген кыргыз уруулары менен тикеден тике этпогенетикалык байланышы болгондугу талаш туудурбайт, ал эми байыркы чыгыш жана түрк жазма эстеликтериндеги «кыргыз» этноними менен азыркы «кыргыз» этнониминин арасында кандайдыр бир байланыш бар же жок экени тууралуу маселе азыркыга чейин бир жаңсыл ичечиле элек.
Кыргыздын этногенези жана кыргыздын тарыхы тууралуу айрым пикирлер Октябрь революциясына чейин А. Н. Аристов, Н. Я. Бичурин, Ч. Ч. Валиханов, Г. Ф. Миллер, В. В. Радлов ж. б. тарабынан айтылган. Бул маселенин өзүн же айрым аспекттерин изилдөөгө белгилүү орус илимпоздору С. М. Абрамзон, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, көрүнүктүү сов. антропологдор В. П. Длексеев, В. В. Гинзбург, Г. Ф. Дебец, кыргыз тарыхчылары О. Караев, К. И. Петров, хакас тарыхчысы Р. Л. Кызласовдор атайын эмгекте (монография, макала) арнашкан. Бирок Кыргыздын этногенезине байланыштуу айтылган көз караштардын дээрлик баары илимий жактан ишенимдүү негизделген ырааттуу концепцияга айлана албай, ар түрдүү гипотеза деңгээлинде.
Кыргыз элинин этногенезине арналган атайын сессия 1956-ж. ноябрь, Фрунзе шаарында Кыргыздар Борборбдук Азиядан жана Орто Азиядан чыккан этностук элементтерден куралган деген тыянакка келген. Советтик илимпоздордун көпчүлүгүнүн пикири боюнча кыргыз элинин негизги уюткусу же анын составына кирген негизги бир компонент Борбордук Азиядан чыккан. Кыргыздын алгач этностук тарыхы байыркы уруу союздары менен (гунн, динлин, сак, усун ж. б.) байланыштуу. Түрк кагандыктарынын жана көчмөн бирикмелеринин мезгилинде (6—10-кылымдар) Кыргыздардын составына кийин кошулган уруулар Саян-Алтай, Иртыш бою, Чыгыш Тянь-Шандын түрк тилиндеги калкынын арасында калыптанган. Б. з. 2-миң жылдыгынын биринчи жарымында, өзгөчө монголдор Орто Азия жана Казакстанга жапырып киргенден кийин түрк тилинде сүйлөгөн бул уруулардып бир бөлүгү Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга, түштүккө (Памирге) чейин жылган. Алар Жети-Суу жана Мавереннахрдын жерг. түрк уруулары, асыресе карлуктар жана уйгурлар, кийинчерээк монгол уруулары менен кошо Тянь-Шанда калыптанып жаткан кыргыз элинин негизин түзгөн. 16—17-кылымда Кыргыздардын составына казак-ногой урууларынын айрым бөлүктөрү кошулган.
16-кылымдын башынан Кыргыздар Тянь-Шанда этностук составы татаал өзүнчө эл катары белгилүү. Андан кийин кыргыз эли улутка айлануу багытында өнүксө да, бирок Октябрь революциясына чейин улут тепкичине толук көтөрүлө алган эмес. 1495-ж. жазылган «Мажму ат-таварихте» («Тарыхтар жыйнагында») ошол кезде (15-кылымдын аягы) Кыргыздар оң жана сол деп бөлүнүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул жана Салусбек Булгачы (к. Булгачы улусу), ал эми солго Куу уул киргени айтылат. Санжырада да Кыргыздын түпкү теги ушул үч чоң уруулук топтон башталат. Бирок «Мажму ат-таварихте» Кыргыздын 1127-жылы оңго жана солго болүнгөнү, ошондой эле алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Апалхактан Ак уулга чейин 20 ата, Куу уулга чейин 23 ата откөпү тууралуу үстүртөн кабар берилет. Оң (отуз уул) адигине, муңгуш, кара багыш жана тагай деп бөлүнгөн. Тагайдын чоң бөлүмдөрү деп койлондон жедигер, кылжырдан бугу (ороз бакты), богорстондон солто уруусу, алардан башка кара чоро, саяк саналгап; оңго, ошондой эле сарыбагыш, дөөлөс, черик, азык, моңолдор, коңурат, чекир саяк жана башка уруулар кирген (санжыра боюнча кара-чорого багыш, суумурун, келдике, баарын уруулары кошулат). Адигиноге анын өзү гана кирген (санжыра боюнча адигинеге жору, бөрү, баргы, карабагыш, сарттар жана башка уруулар кошулат). Салусоек Булгачыга же ичкиликке (Ак уул) бостон, тейит, жоокесек, доолөс, кыдырша, каңды уруулары кирген (санжыра боюнча ага кесек, ават, оргу, нойгут, кыпчак, найман жана башка уруулар кошулат). Солго (Куу уул) саруу, кушчу, мундуз, басыз, чоң багыш, кытай уруулары кирген (санжыра боюнча ага жетиген, төбөй уруулары кошулат).
Санжыра боюнча Кыргыздар 40 уруудан куралган. Ошондуктан алар «кырк уруулуу эл» деп да аталган. Кыргыз элинин курамындагы этнонимдер анын эл болуп калыптанышыпа байыркы жана о. кылымдарда жашаган уруулар катышканын далилдейт. Жогоруда аталган уруулардын кай бирлери(мис, бөрү, коңурат, кушчу, кынчак, найман жана башкалар) Орто Азиянын башка элдеринин да курамына кирген. Кыргыздын курамында ушул үч уруулук бирикмеден башка Кыргыздардын түпкү тегине кошулбаган сарт-калмак, калмак-кыргыз, чала казак сыяктуу этнографиялык топтор бар. 17—18-кылымдарда Жунгар хандыгынын Кыргызстанга жапырып киришине каршы да Кыргыздар активдүү күрөшкөн. 19-кылымдардын 1-жарымында Кыргыздар Кокон хандыгынын сурагында калган. 19-кылымдын орто ченинде адегенде Түндүктөгу Кыргыздар, кийин Түштүктөгү Кыргыздар Россияга ыктыярдуу кошула баштаган, (Кыргызстандын Россияга ыктыярдуу кошулушу). 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Кыргызстанда капит. мамилелер пайда боло баштаган. Россияда капитализмдин империализм баскычына өтүшү менен Кыргызстанда улуттук-бошт. кыймыл жана тап күрөшү курчуган, аз да болсо жумушчу кыймылы пайда болгон, революциячыл идеялар тарай баштаган (Кызыл-Кыя, Сүлүктү кендери ж. б.).
#65 09 Ноябрь 2011 - 16:32
Kirgizjigit (18 Май 2010 - 00:38) жазган:
Sebebi orustar u4un 4oon uluu kalktardin keregi jok ele
Anin ustuno osmon imperiyasin kulaganda Ataturk bizdin tegibiz turktorgo barip takalat biz osmanli emespiz dep turkiye dep olkosun atayt sebebi Angliya Fransiya,Gretsiya,Ru
minya,Orustar menen jana bawkalar menen soguwup jatip aran egemenduulugun saktap kalgan ele owondo oguzdar je sel4uktar ele emes koptogon azeri turkmon, j.b. turk elderi da jardam bergen alar dajawawat. Anin ustuno orto aziyani turkestan dep atiwsa ele uygurlar 4igiw turkistan bolup kalat da kooptogon territoriyada turk atinin bolgonunan orustar korkkon birigip ketpesin dep sebebi tatarlar da turk ekenin unutpagila krim tatarlari da kazan tatrlari da.
BOLUP JARIP JEP JUT POLITIKASI duynonun baardik jerlerinde koldonulup keluudo
Rahmat Kirgizjigit!
Jakshy jazylgan eken, chyndgynda ele ubagynda ushunday bolgon da birok munu kopchuluk kabil algisi da kelbeyt. Anisi az kelgensip bular mektep jana universitet programmalarynda jakshy karalip okutulubayt, oshol sebepten bizge okshogon jashtar da tak maalimat bilbey bashtary aylanat bolso kerek.
#66 10 Ноябрь 2011 - 00:25
#67 10 Ноябрь 2011 - 15:03
«Киггис» деген түрк уругунан болгон эл биздин эрадан 2000-жыл мурун египетти (Мисир) караткан. Кытайлар кыргызды кыйкыс деп жазган. Ойго келет, балким «кикис» кыргыз болбосун деп.
Кытай тарыхынын атасы аталган биздин эрадан 99-жыл мурун жазылган Шиңзи деген тарыхта түрктүн «Гунь» аталган уругу биздин эрадан 201-жыл мурун «Гэгунь» (Кин-Кин) деген элди караткан деп Сы Ма Цяня айтат. Транскрип жазууга салып Кин-Кин деген сөздү текшергенде «кыргыз» болуп чыгат. Кин-Кин — Гян-Гунь аталып кеткен. «Гян-Ким» деген сөз болуп, эски түрктөр Енесей дарыясын «Кем» деген.
«Гунь» — Орхон дарыясы болуп, аны кытайлар Гунь деген. Демек, Гян-Гунь, Кем — Орхон дарыялары — жердин аттары болуп чыкты.
Кем, Орхон дарыяларын эң эски заманда финмогол жана түрк уругунан гунь деген эл жердеп тургандыктан, кыргызды финмогол гунь уруктарынан куралган эл деп айтууга мүмкүн, Кыргыздын турган жерлери: Енесей дарыясынын тегереги, Уранкай, Саян тоолору, аягы Алтай тоолору Тибет болуп, ортосу Енесей баштары болгон, Енесей дайрасынын башында: Кемчик, Ситкем, Бомкемчик, Кукем, Бейкем, Улукем, Кизикем деген туура суулар бар.
Уранхай деп кытай могул атаган. Уранхайлыктар өздөрүн «төбө» дейт. Биздин эранын 78 кылымдарында «Дөбө» аталган азыркы Енисейдин башындагы «таву» — «туви» республикасы — Енисейдин башында «Кем» аталган суулар көп болгондугун жогоруда көрдүк. Атактуу тарыхчы Абулгазы мындай дейт: «Кыргыз өкүм гумжут элинин зикири. Угузхандын Кыргыз исимли бир небереси бар эле, шунун насилинен эди, хамма бул убакта кыргыз наслинен кишилер аздур. Моголдон татардан войгайри уруглардан айванларын асырмак үчүн от ва суу издап келип, кыргыз журтуна барып отуруп кыргыз исмини көрмүшлардур. Узлари кайсы уруктан экенин билалар; кыргыз кинимжут эки волоят болуп бир-бирине якинлардур, бир тарабы салангир симли, иккинчи тарабы анкара муран исимли, экиси хам улук агын сууларду. Абир ва Сибирь деген эки волоят бар, кыргыз журту аңга якындур. Кыргыз эли төрөсүнү «айнал» дээр эли, могол ва тажик падыша деген кеби. Ол убакытта төрөлөрү «ирис айнал» деген кемса эди. Чынгыс хан Бура деген немсени элчи кылып маңга табик болсун деп, кыргыз элине жиберди. «Ирис айнал» элчини жакшы сыйлап, өзү бармай көп бөлөксалак ила жакшы кишилерни кошуп жиберип баш салды. Бөлүклөрдүн машгури бир оягы ва бурни, ва көзү кызил ак шумкар куш эди»
#68 10 Ноябрь 2011 - 23:29
#69 05 Декабрь 2011 - 01:12
LIFE (19 Ноябрь 2008 - 14:45) жазган:
Жок... Мындай тушунбостукторду ТУРКИЯ тургундаты озулорун "турк" улутубуз деп атагандан кийин келип чыккан... Орус тилинде эки соз бар "ТЮРК" жана "ТУРК" .... ТЮРК- бул байлыркы монголоид расасынын ичине кирген улуттардын тайпасы. Ал эми "ТУРК "- бул улут (Туркия мамлекетинин тургундары). Тилекке каршы биздин кыргыз тилибизде айырмалоочу эки башка соз жок болгондуктан тушунбостуктор келип чыгууда...
Эл эми КЫРГЫЗ улутуну таандыгы томондогудой:
Монголид расасынын ТУНДУК канаты---Алтай уй-булоосу (Алтайская семья)--Чыгыш турк элдери (Восточные тюрки)--Кыпчак попгруппасы- --Кыргыз улуту.
#70 05 Декабрь 2011 - 16:37
#71 06 Декабрь 2011 - 00:24
USSR (05 Декабрь 2011 - 16:37) жазган:
Туура айтасын..Мен дагы ойлойм коптогон башка кочмон элдер(озгочо Алтайдан тарагандар, жана Орто Азиядагдагы гунндар) Турктордон эрте келип чыкканкан го деп. Анткени мен бир жерден окуган элем Алтай уй булосуноно тараган кочмон улуттар (анын ичинде кыргыздар) б.з.ч 9-7 кылымда эле бар болчу. Ал эми "турктор" жонундо 3-4 кылымдарда гана жазылган. Мени тан калдынганы ал "турктордун" озулорунун тарыханан ары (теренирээк, эртеээк) карабаганы жана озулорун "турк элдеринин" эн биринчилерибиз деп эсептегени болуп келет.
Билдирүүнү түзөткөн: Kyrgyz_jigit: 06 Декабрь 2011 - 00:29
#72 10 Декабрь 2011 - 17:27
#73 11 Декабрь 2011 - 15:48
#74 11 Декабрь 2011 - 16:12
dek (10 Декабрь 2011 - 17:21) жазган:
Кийиз китептер көп экенин билем, бирок, сеникиндей укмуштуу кийиз китепти көрө элек да уга элек да элем в котором написано, что перс жана арабдар уащще бир боор деген сыяктуу.
#75 11 Декабрь 2011 - 16:14
USSR (11 Декабрь 2011 - 12:48) жазган:
Билсениз керек,илгери азыркы Турциянын аймагында перс-арап уруулары жашашканын. Анда турктор ал жерде болгон эмес кийинчерээк селжук-огуздар батышка ооп барып алар менен жуурулушуп кетишкен.Мына ошон учун,салт-санаасы, урп-адаты,раса жагынан да, тил жагынан да окшошураак.
#76 11 Декабрь 2011 - 16:17
Башка улутта болобу, кыргыз улутунда болобу аны жаман сөздөр менен атоого укугубуз жок! Сизге эскертүү, эмоцияңызды чектеп жазбасаңыз, мончого айдайм!
#77 11 Декабрь 2011 - 16:57
Сиздин логикаңызга таянсак, анда биз дагы моңголдордун же кыпчактардын, перстердин же тажиктердин "балдары" болуп калабызбы? Анткени биз да алар менен аралашып жашабадыкпы көп эле жылдар. Анда байыркы данктуу энесайлык бабалардын урпагы эмес экенбиз да?
#78 14 Март 2013 - 12:49
#80 14 Март 2013 - 13:11
altinim (14 Март 2013 - 12:58) жазган:
Билдирүүнү түзөткөн: Compact: 14 Март 2013 - 13:12