Kosmopolitka (16 Сентябрь 2012 - 00:14) жазган:
Адам канча тил билсе ошончо эл билет дейт. Канчалык көп тил билсе ошончолук жакшы го. Бирок бир тилди бир тилге аралаштырып сүйлөгөн жагымсыз көрүнүш. Ошондуктан, Аллахка ширк келтирүү дегенди Кудайга эмес, бурканга(жасалма кудай, б.а. кудай эмес, бирок адам кудайдай байланган нерсе) табынуу деп түшүнөм. Тактап айтканда, Инжилдеги аяттарга негиздеп айтсам, ...ким эмнеден жеңилсе, ал – ошонун кулу. Буркан жасап алганга адам эң эле жөндөмдүү. Эмнеден болбосун: компьютер, интернет, телевизор, тамеки, ичимдик, кумар оюндары, дене кумары... санап олтурса толтура. Атургай адам өзүнүн көз карашын да буркан кылып алат, туура эмес экени айкын болуп турса да, эптеп бирдемеге илээштирип актап. Сиз буркан жасап алып, Кудайга табынуу күнөө экенин билгениңиз жакшы экен, бирок мага эскерткениңизге негиз таппай турам.
Экинчиден, адамдарды оңдой турган Кудайдын Сөзүнөн артык каражат жок. Так ошондуктан мен бул жерге, жашоомо жарык берип, жол көрсөтүп турган Кудай Сөзүнөн аяттарды жазып турам. Эгерде сиз бул сөздөрдүн оңолууга чакырыгын байкабай жатсаңыз, жок дегенде бузулууга чакырбаганын тана албайттырсыз.