"Китеп мүлжүгүчтөрдүн" клубу :)
#1081 19 Июль 2015 - 22:35
"Пять четвертинок апельсина"
деген китепти ой-боюна койбой окуп жаткан кезим.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#1082 20 Июль 2015 - 10:58
Тээ студент кезимде группалашымдан алып "арабские макаамы" аттуу китепчени берилип окудум эле. Кийин Совет - Киев кочолорунун кесилишинде эски китеп саткан жерден коргом ошондой китепти, акчамды аяп албай койдум эле, эми окунуп атканымды сурабагыла.
.. Кимде ушундай китеп болсо, саткылачы, сураныч. Китепти суроттоп коёйун: олчому кичине, жашыл тусто, сырткы бети жука, жумшак жана чыгыш стилиндеги оймолор.
brother
#1083 20 Июль 2015 - 15:47
Shanson (24 Июнь 2015 - 13:38) жазган:
Илгери А.Беляевдин "Профессор Доуэлдин башы" деген чыгармасын окуп аябай таасирленген элем. Окугандар болсо билет болсо керек бул жазуучунун Ихтиандр деген адам-акула тууралуу чыгармасын,
Ариэль деген учуучу адам тууралуу чыгармасын.
Убагында А.Беляев Ж.Верндин чыгармаларын окуп шыктанган экен. Ж.Верндин канчалаган чыгармалары азыр эч кандай жомок болбой эле ишке ашып отурат. Ал эми Беляевдин ихтиандры азыркы суу алдында кийүүчү кийим менен алмашып, Ариэлди болсо азыр учуучу костюмдар алмаштырып атканы эч кимге жаңылык деле эместир. Убагында фантастика жанрын, илимий фантастика жанрына "убактысын короткусу келбегендер"
эле билбесе )))
Ошо "Профессор Доуэлдин" башына кайтып келе турган болсок жакында эле бир жаңылык окуп калдым эле. Воронеждик Валерий Спиридонов деген программист башын алмаштыруу операциясын жасатканы атканын. Аны болсо италиялык хирург Серджио Канаверо жасайт экен. Жыйынтыгы кандай болоору белгисиз. Бирок, илимдин, медицинанын өнүгүшү үчүн ушундай адамдар эрдикке, тобокелдикке баруусу керек. Балким, бул хирург убагында Беляевди окугандыр?
Ошондуктан, илимий-техникалык өнүгүүнүн өзөгү болгон фантастика жанрын жомок деп айтып коюу чекилик дээр элем.

Бул китепти мен да окуп аябай таасирленгем. Буга окшогон шумдуктуу фантастикалар азыр дуйнодо болуп жатканына деле тан калбай койсо болот.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#1084 20 Июль 2015 - 17:47
Коптон бери китеп окуй элекмин.Буйурса жакында коптон бери окусам деп жургон китеп колума тийет.
#1085 20 Июль 2015 - 18:47
#1086 20 Июль 2015 - 19:11
#1087 21 Июль 2015 - 13:13
Geran (19 Июль 2015 - 10:14) жазган:
Шайлообек Дуйшеевдин "Агындылар"
деген китебин окуп жатам.Аябай кызыктуу экен...
Кыргызча китеп окуй элек элем алгылыктуу. Ушул жана башка сайттагы жанагы боевик сөрөйлөрдү эсепке албаганда. Андай китептерди китеп катарына деле кошпойм, мисалы "Кара пояс" деген сыяктууларды. Эми, мындай инерция менен эле жазуучунун дараметин көрмөкчү болуп окуп койгонум болбосо.
Ушул китепти бүгүн баштадым. Жакшы эле болсо керек. Канткен күндө да Ш.Дүйшеев жазып аткандан кийин.
> Mен эл менен <
#1088 21 Июль 2015 - 15:56
Шилованын китептерин коп жолдошумдан бекитип окуйм. Корсо"- сен ушу китептерди окуп стерва болуп кетип атасын"- деп урушат. Шилованын китептеринин баарыле аял-кишилерге психологиялык терапия катары жазылган. Окуган китептерими топтогонду жакшы кором.
#1090 21 Июль 2015 - 16:34
"Альхимик"
аябай жакты.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#1092 21 Июль 2015 - 17:40
Kosmopolitka (21 Июль 2015 - 16:53) жазган:
" Мин бир тун" деген китепти ким окуган? Мааниси кандай?
Жаш кезди эстейин деп өткөндө жарымына чейин окуган элем. Бул китепти окуган киши колуна дагы бир дептер, калем алып отуруш керек, болбосо жомок айткан киши жомок айтып, анан ким жомок айтып атканынан адашып калышы мүмкүн

Кызык китеп. Убагында Европада аябай популярный болгон экен.
> Mен эл менен <
#1093 21 Июль 2015 - 18:11
Shanson (21 Июль 2015 - 13:13) жазган:
Кыргызча китеп окуй элек элем алгылыктуу.
Ушул жана башка сайттагы жанагы боевик сөрөйлөрдү эсепке албаганда. Андай китептерди китеп катарына деле кошпойм, мисалы "Кара пояс" деген сыяктууларды.
Эми, мындай инерция менен эле жазуучунун дараметин көрмөкчү болуп окуп койгонум болбосо.
Ушул китепти бүгүн баштадым. Жакшы эле болсо керек. Канткен күндө да Ш.Дүйшеев жазып аткандан кийин.
Ушул китепти бүгүн баштадым. Жакшы эле болсо керек. Канткен күндө да Ш.Дүйшеев жазып аткандан кийин.
Интернеттен таап окуса болобу ушул китепти?болсо кантип
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#1094 21 Июль 2015 - 18:50
#1095 21 Июль 2015 - 19:33
#1096 21 Июль 2015 - 19:34
#1097 22 Июль 2015 - 12:23
"Агындыларды"
окуп баштадым жумушта отуруп. Вроде норм.
“Үнү” жок сөз болбойт. Сөздөн мурда үн жаралган. Капкагына колуң тийери менен “үн” чыгарып турган жакшы комузга окшоп кара сөз менен жазылган жакшы чыгарма да эне тилдин сөйкөдөй болгон ар бир сөзүнөн куралып, ар бир сөзүнөн агып келип бүтүндөй бир “күүгө” айланат. Окуп баштаганда эле ошол “үндү”, ошол “күүнү” угуп, китеп менен “сүйлөшө” баштайсың. Кара сөзгө “жан” салып, кара сөздү “сүйлөткөн” жазуучу тегин жазуучу эмес. Бизде тултуюп сүйлөбөгөн, “кесип алса кан чыкпаган”, башынан аягына чейин барактасаң да эчтеке айтып бералбаган китептер көп. “Сүйлөбөгөн” китеп – окулбаган китеп. “Сүйлөбөгөн” китеп “дудук” китеп. Бир окурман айтыптыр: “Шайлообектин “Агындыларын” окуганда куйкалаган аптаптан жаныңды ала качып баратып “Супарадагы” таш үйлөргө кирип кетип эс алгандай боло түшөсүң. Жаның жыргап, сагынып жетпей жүргөн ата-энеңдин үйүндө олтургансып, жаның жай алып, кадимкидей ыракатка батасың. “Супаранын” таш үйлөрү “элитный” үйлөрчүлөп жасанып-жаланбай жупуну болгон менен көзгө ушунчалык жылуу көрүнүп, качанкы бир бала кезиңди, өсүп-өнгөн айылыңды, айылыңдын адамдарын эсиңе салат, “Агындыларга” бир “кирип” алгандан кийин чыккың келбей калат” деп.
Кызыктырып коёюн силерди кээ бир үзүндүлөр менен.
***
"...Сүйүү каттарын биз таза пейил, таза ниет менен, андан да жөн сыя эмес, кызыл сыя менен жазар элек. Мен “кызыл сыяны” энемдин жүн боёгон кызыл боёгунан “сурап алып”, пенициллиндин бөтөлкөсүнө чылап келчүмүн. Анан катты баштаганда эле жакшы көргөн кызыбызга: “Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил!!! ” деп, аягына үч илеп белгини коюп туруп баштар элек. Ошондо чындап эле катты сыя менен эмес, жүрөктүн каны менен жазып аткансып жазчубуз. Каттын аягына жаанын жебеси же канжар сайылган жүрөктүн сүрөтүн тартып, анын учунан шорголотуп кан тамчылатып койгонубузду кантесиң..."
***
"...Анан жетпей калган сүйүүлөрүмдүн ызасын ырдан чыгардым. Ыр деген жакшы экен. Ыр менен кайгы-муңуңду, арзуу-арманыңды азап тартпай туруп эле, үйгө жатып алып эле каалагандай кайгы-муңга батып, каалагандай жаза берет экенсиң. Баарынан да жазган ырыңды сен сүйгөн кыз окуп алып, сен кайгырсаң бүк түшүп кошо кайгырып, сен санаа тартсаң ал да саргарып кошо санаа тартып, шолоктоп ыйлап, ыза болуп жаткансып сезгениңчи. Мени сүйбөгөн кыздардан ошентип өч алып атам деп ойлогон сайын табам канып жыргаар элем..."
***
"...Сабактан тарап кетип баратып, жакшы көргөн кызымдын артынан ээрчип алып, ага жакшы көрөрүмдү айталмак тургай жанына жакын жолой албай, кардын үстү менен жылып бараткан анын көлөкөсүнө көлөкөмдү тийиштирип басканыма төбөм көккө жетип, өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу жан катары сезер элем..."
***
"...Айылдын жолдорун асфальтташ керек дегендерин көп угам. Асфальттын эмне кереги бар? Жамгырда ылайынан, күн ысыкта чаңынан арылыш үчүнбү? Сыланып, сыйпанып, колу-буттарынын тырмагына чейин боёп алган шаардык кыздарга окшогон айыл да айылбы? Мен айылды көкүлү желге уйпаланып, чамбыл-ала болуп ойноп жүргөн балага окшотуп, жетерим менен боорума кысып-кысып, күн жыттанган бети-башынан өпкүлөп жиберип сагынычымды жазгым келет..."

#1098 22 Июль 2015 - 12:33
Shanson
сураныч мага да кайрылынызчы,
купуя жаза албай жатам
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#1099 22 Июль 2015 - 14:10
Шансон мырза, сиз жиберген сайттан издеген чыгарманы таба албадым.