Эненин көз жашы…
Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11 жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын балдарын тарбиялоого,
балдарына кам көрүүгө жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп, кайрадан алардын мектептен келерин чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу эле.
Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60 жашка келген апасы бапестеп өстүргөн уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын карагылары келбеген балдары бир күнү чогулушуп, апасын кезектешип карай турган болушту. Апасынын ден соолугу начарлап, сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы керексиз буюмдай бир баласынын колунан экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып, орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө чейин кам көргөн уулдарынан ушундай мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине түртө салышты. Апасын карагандан айынан бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү баласына келди. Ал аялы экөө достору менен конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.
– Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.
Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны такылдатты.
Эч ким ачпады. Дагы такылдатты.
Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси: “Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды. Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак, кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин балдарымбы?
!!!…. Мен буларды аздектеп сүйүп, ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп чоңойттум… . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту… Ага жинденбедим.
… Оорушса кошо оорудум… Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз калды…..
Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын ачса, апасы дарбазанын артында өлүп калыптыр….
Ыйык Куранда айтылат:
“Ата-энеңерге камкор болгула жана аларга эч качан “уфф” деп айтпагыла!
Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен кайрылгыла!
”.
Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн! Ошондуктан,
ата-энеңерге алар мындан ары силерге керек эместей мамилени сездирбегиле!
Ата-энеңер менен бирге жашагыла!
Аларга жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл бургула! Алар ар дайым силердин жылуу мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла!
Ата-энеңерди таштабагыла!
Силер ата-энеңерге кандай мамиле жасасаңар, силер да балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр!
Ата-энеңерди карагыла!
Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор
#641 26 Сентябрь 2015 - 23:24
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#642 26 Сентябрь 2015 - 23:27
Бөбөк (аңгеме)
Колуна тийген наристени суктана карап алары менен жүрөгү булкунуп кетти. Кандай татынакай наристе? Бойтойгон колдору, быйтыйган эрини, тармалдашып кеткен чачы менен бейиштен кабар берген сымал аңкыган жыты… Бооруна кыса моокуму кангыча жыттагысы келип эми өзүнө тарта бергенде:
-Тарт колуңду? Мага тийбе! – деген бир үн чыкты кайдандыр. Калтаарый түшкөн жаш келин эки жагын элеңдей карап алды. Бөлмөдө наристе экөөнөн башка жан жок эле. Энелик мээрими менен наристени бооруна кысып алды да кайра ага үңүлө бергенде баягы үндү эми даана укту. Жаңы төрөлгөн бөбөк жерип жатты аны:
-Тийбе мага, жолобо! – деп чырылдап кирди тырмактай наристе. Дендароо боло түшкөн аял өзүнө келген соң: – Эмнеге тийбейм? Мен… Мен да уулдуу болуп, мен да үй-бүлө күтсөм деп кыялданбадым беле? Эмнеге тийбейм, эмнеге өбө албайм анан?! – деп чырылдап ийди.
– Баары бир сен мени эркелете албайсың! Мен да сага энекелеп эркелегим келген эле, бирок, эми мен да сага, сен да мага жакындай албайсың! – деп энеден өтө чыркырады наристе.
– Кандайча? Кантип? Мен сенин апаңмын, эмнеге менден качып атасың? Эмнеге мени тыйып жатасың? – деди буулуга ыйлаган эне шордуу.
– Сенден качкан мен эмес, мени сен жеридиң. Өзүң качтың менден түбөлүк. Өзүң! Өзүң!… Нары кекене, нары өксүй каршылык кыла берди бала.
-Качан, качан жеридим…- деп буулуга ыйлап тура калам дегенде, керебеттен кулап түштү келин. Аңгыча ак халат кийген доктурлар чуркап кирип тегеректеп калышты.
– Эсиңизге келиңиз айым. Наркоздун таасиринен чыга албай жатсаңыз керек. Эми баары жайында. Аборт операциясы ийгиликтүү өттү. Бат эле сакайып ооруканадан чыгып кетесиз… – деп кайрат айтып жүрдү доктурлардан бирөө…

#643 26 Сентябрь 2015 - 23:29
Түркияда болгон окуя
Бир канча кыздар чогулушуп алып бир квартирада жашашат. Алардын устунку кабатында бир кары аял дагы жашайт. Кыздар, Аллах жолунда кызмат кылган, илим жолунда жургон кыздар эле. Бир куну ал кыздардын бироосу устунку кабатта жашаган аялга барып, ал-абалын сурап, жардам керек болсо, жардам берип келуулорун сунуштайт, канткенде да кошуна акысы деген нерсе бар. Калгандары макул болуп, устунку кабатка чыгышат жана ал аялдын эшигин такылдатышат. Эч ким унчукпайт, кайра такылдатышат, дагы эле эч ким жок. Уйдо эч ким жок деген ой менен кайра кайтууну чечишет, бирок кетээрдин астында акыркы жолу такылдатып корууну макул корушот.
Бир аздан кийин эшик ачылат, кыздарды уйуно киргизип ал-абалын сурашат. Аялдын эмне учун тез эле ачпаганынын себебини угушканда ото тан калышат.
Көрсө, аял жакындары, туугандары жок болгондуктан, көп жылдан бери эч ким келбегендиктен, жалгыздыктан жадаганы учун озунун жанын кыйууну ойлоптур. Жипти даярдап мойнунан откоруп жаткан кезде эшик такылдаптыр. Бул ким экен, канча жылдан бери эшик такылдай эле деп кутуп турганда, дагы бир жолу такылдайт. “Эгер силер кайтканынарда, мен жаныма кыймак элем”-деп жооп айтат.
“Кошунасы ач жатканда, өзү ток болгон – бизден эмес!” – деп буйруган пайгамбарыбыз ﷺ

#644 26 Сентябрь 2015 - 23:31
Азрайил жана Ибрахим (عليه السلام)
Бир күнү Ибрахим (عليه السلام) Азрайилден (عليه السلام) сураптыр :
“Эй, Азрайил (عليه السلام), Жаман адамдардын рухун алып жатканда, аларга кандай көрүнөсүң?”
Азрайил (عليه السلام) бул жөнүндө суроо бербегени оң экенин айтат. Бирок, Ибрахим (عليه السلام) суроого жооп алууну каалап туруп алат.
Анда Азрайил (عليه السلام) :
Артына бурулуп, көргөн нерсесинен каттуу корккон Ибрахим (عليه السلام) эс-учун жоготот
-Эй, Азраил. Алар дүйнөдө жасаган баардык жамандыктарынын жазасы үчүн сенин ушул абалыңды көрүшсө жетиштүү болот”
Бирок, жандын алынуусу, кабыр азабы, махшар майданы жана тозоктогу азаптар да бар.
Ибрахим (عليه السلام) кайра сурайт:
-Жакшы адамдардга кандай абалда көрүнөсүң?
Азраил кайрадан Ибрахим (عليه السلام)ге көрүнөт. Ибрахим (عليه السلام) көргөн нерсесине суктануу менен айтат:
“Эй, Азрайил (عليه السلام). Жалганда көп жакшылыктарды жасаган адамдарга сооп катары ушундай абалда көрүнгөнүң гана жетиштүү! ”
Бирок, кабыр жашоосу, бейиш жана бейиште жараткандын жамалын көрүү да бар……

#645 26 Сентябрь 2015 - 23:33
Кудайдын каарынан корк!
Бир күнү мас абалындагы достор машинасы менен жөнөп кетээрде алардын бирөөсүнүн апасы :
-“Балдарым Аллах сиздер менен болсун” дейт.
Арасынан бирөө :
Машинабызда Аллахка орун жок! Кааласа багажга чыгып алсын дейт. Арадан бир сааттай убакыт өтүп алардын кырсыкка жолукканын жана эч бири тирүү калбаганын угушат. Кызыгы ошол машинанын багажына эч кандай зыян жеткен эмес. Андан да таң калчу нерсе багаждагы бир баштык жумуртканын бирөөсү да сынган эмес.
Күч-кубат жалгыз Раббибизге таандык. Аллах туура жолунан адаштырбасын!

#646 26 Сентябрь 2015 - 23:35
Кабыр азабы…
Мен бир баланын башынан өткөн окуяны айтып берейин:
Адаттагыдай эле бешим намазын өз убагын окуп буткон сон, жаназа намазын окууга даярдык коруудө, каза болгон киши мага жакын инсандардын бирин баласы болгон учун аны жерге беру ишине да катыштым. Өлукту кабырдын башына алып келишти, ошол убакта кор кол киши мени бир четке чыкырып, Кечиресиз! мен азыр сизге бир нерсе айтам, бирок аны олуктун атасы укпасын деди да, мени кабырдын ичине тушушумду суранды. Мен олукту койуучу жайга тушсом, ал жакта 2 чоон жылаан жургон экен, ошондо создун маанисин тушундум да, жогоруга чыктым. Каза болгон баланын атасын бир четке чыкырып, уулун кабырга озум койуга уруксаат алдым. Баласынын олумунон кийин озуно келе албай турган ата буга макул болду, бирок эмне окуя болуп жатканын билбейт эле. Мен кабырдын ичине туштум да, жылаандарды карап мындай дедим: Билем силер Аллах Тааланын буйругу менен келдинер. Билем силер азыр олукту азапка салып кыйнайсынар. Билем буга эч ким! эч качан тоскоолдук кыла албайт, жана дагы ушуну билем Аллах Тааланы ортого койуп суранган нерсеге каршылык кылбайсынар. Сураныч азур олукту кабырга койомун, аны койгондон кийин эмне кыласынар озунор билесинер, бирок суранам аны койуп алгыча кабырды бошотуп тургулачы дедим. Ошол убакта тан каларлык окуя болду, жылаандар менин козумо корунбогон менин жанымда турган бир тешике кирип баштады, бутумду бираз озумо тартайын дедим эле, кутулбогон жерден тешике толук кирип кетууго але улгурбогон 2чи жылаандын куйругу бут киймиме тийип кетти, мына шумдук бут кийимдин сыртынан ааз эле сыйпап отуп кетсе да, бул жылаандын куйругу буткул денемди оорутуп жиберди, бир аазга отуруп калдым, себеби бутум муздап калган эле, бутумду оордунан жылдыра албай койдум. Субахан Аллах азап беруучу периштелердин сылап отуп кеткени ушул болсо, бир ааздан кийин кабырга койуучу баланын акыбалы эмне болот! Оюма келген нерседен чочуп кеттим, бутумду эптеп жылдырып аран басып жогорууга чыктым, олуктун жанына келдим да, көзүмдүн жашын атасынан, бутумдун ооруп жатканын ал жерде чогулгандардан жашырууга аракет кылдым, эн коркунучтуусу азыр эле бул дуйного тиешелуу болгон азапты тартканым учун кабырдын ичине тушкум келбеди, бирок олуктун атасына соз берип койгонум учун айласыздан тушуп олукту жерге койуп чыктым, чыгып келе жатканда журогум чыдап, кабырдын ичин дагы бир жолу карадым, жылаан кейпинде келген азап периштелери кайрадан кабырдын ичинде пайда болгон эле 35 жаштагы жигитти көмдүк. Кийин ал жигит жөнүндө, анын досторунан сурап билууго аракет кылдым, маалым болгондой тируулугундо, адамдарды алдап, акчаларын тоноп, ичкилик, зына иштерин кесип кылган экен…
Кабырга барарды ойлонгула! Өлүм анык, ачык! Сен каалабасан да өлөсүң!
Бирок ошого даяр бололу….

#647 26 Сентябрь 2015 - 23:37
Кабырдагы жиптин сурагы…
Бир убактар мал-мүлкү ашып-ташкан бай жашаптыр. Ал өлгөндөн кийин кабырдагы жалгыздыктан абдан коркчу экен. Бай бир күнү мындай деп жар салат:
-Кимде-ким мен өлгөндө, мени менен кабырга кошо көмүлүп, бир күндөн кийин чыкса менин байлыгымдын жарымы ошол адамга берилет!
Эч ким макул болгон жок. Бирок, адамдардардын жүгүн ташып жан баккан кедей макулдугун берет.
-Менин жогото турган эч нерсем жок. Жалгыз гана ушул жиптен башка… Таң атканча күтсөм, байлык меники болот!
Байдын жансыз денеси менен кошо көмүлөт. Ошентип, эсеп-сурак алуучу периштелер да келишет. Бирөө өлгөн жан. Жанындп тирүүсү да бар…
Бул жансыздан сурак алууга жетишебиз. Бул жандууну сурак кылбайлыбы? деп суракты тирүүдөн башташат.
-Бул жип кимдики? Кимге таандык? Каяктан алдың? Эмне үчүн алдың? Кантип алдың? Эмнелерге, кантип колдондуң?
Сурак таң атканча уланат. Кедейдин сурагы бүткөн жок. Башталышы гана болучу. Эртең менен аны кабырдан чыгарып алышты. Айтылгандай эле ага байлыктын жарымын беришмекчи болушат. Кедей болсо:
-Мага эч кандай байлыктын кереги жок! Таң атканча бир жиптин эсебин бере алганым жок. Мынча байлыктын эсебин кантип берем…

#648 26 Сентябрь 2015 - 23:38
Жакшылыгыңар сөзсүз кайтат…
Оорулуу адам операцияга киргизип бараткан жаш хирургга кайрылып:
— Аллахым ыраазы болсун! Операция жасоо үчүн чет өлкөдөн келип отурасың. Жакшылыгыңды эч качан унутпаймын!
Оорулуу адам ошол оорукананын башкы врачы эле. Оорусу күчөп, чет өлкөдө гана жасалчу операцияга аны алып барууга мүмкүн эмес болчу. Себеби, өтө тез арада жасалышы керек болуп, бул ишке саналуу гана дасыккан хирургдун колунан келе турган эле. Анын окуучулары, ошондой врачты бир топко чейин издешти. Дал ошолучурда, ким-кайдан экени белгисиз чет өлкөдөн жаш хиррург келип, оорулууну операция кылуу үчүн келгенин айтып. Бул иш колунан келээрин тастыктады жана бул ишке тезинен киришти. Жыйынтыгында, адамдын өмүрүн сактап калды….
Оорулуу абышка жаткан жеринде жаш хиррургдун колун коё бербей ага кайрылып жатты:
— Мен төрөтчүмүн. Бир убактарда эненин курсагындагы баланын чолок экенин түшүндүм жана анын жашоого келтирбей эле өлтүрүп салууну ойлодум. Бирок, колумдан келген жок эле…
Абышка бираз ойго батып кайра сөзүн улады: — “Кээде типтирүү наристелерин өлтүрүүнү каалаган энелер да болот. А мен болсо ошол кылган бир гана жакшылыгым үчүн Аллах Таалам сени мага жөнөтсө керек….” деп абышка жашып кетти.
Жаш хиррург абышканын кармап турган колунан акырын гана тартып алды. Бираз артка кетенчиктеди. Шымын бираз өйдө көтөрүп, жасалма буттарды абышкага көрсөттү жана да:
— Ошол сиз куткарган майып мен болчумун….

#649 26 Сентябрь 2015 - 23:40
Мүрзөнүн биринчи түнү
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Адам баласына өмүр жанан өлүм берүүчү Аллахка мактоо болсун. Адам баласына берилген кыска өмүрдү туура пайдалануунун жолун үйрөткөн Пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Куранда Аллах Таала: “Качан (кулак) тундуруучу айкырык келгенде… Ал күнү адамдар өзүнүн ага-инисинен качып калат. (Ал эмес) атасы менен энесинен дагы. Аялы менен балдарынан дагы. (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (оор) абал болот” – деп айтат. (Абаса, 33-37-аяттар). Бул дүнүйөдө сага эң жакын болгон, сен оорусаң абалыңды сураган, сен кайгырсаң бирге кайгырган, сен кубансаң бирге кубанган бир тууган ага-иниңден ал күнү качып каласың. Ал эмес сени төрөп, ак сүтүн эмизип, багып чоңойткон энеңе да карабай каласың. Сени кичинеңден тарбиялап, үйлөп-жайлап, эл катарына кошокон атаңды да көргүң келбей качасың. Бул эмне деген күн? Эмне үчүн өз жакындарыңдан качасың? Себеби бул күн ар бирибиз өз башыбызды ойлой турган оор күн болот. Адамдар бул күнү өзүмчүл болушат. Ар ким өзүн гана ойлойт. Бул күн Кыяматтын алгачкы күнү. Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматта адамдар чылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда тирилишет” – деген созун угуп: “Оо, Аллахтын элчиси, аял эркек аралаш болобу, алар бири-бирин карашпайбы? ” – деп сурайт. Пайгамбарыбыз: “Ал күн бирөөгө бирөө карай турган күн эмес, анда ар кимдин өз көйгөйү озунө жетиштүү болот” – деп жооп берди. Ал күндө ар бир адамдын башында бир гана “бейишке киремби же тозокко киремби” деген гана ой болот. Дүнүйө жашоосунда адам баласынын башында миңдеген ойлор жүрөт. Канткенде үй салам, кандай кылып машина алам, баламды кимге үйлөндүрөм, кызымды кимге турмушка берем ж.б. миңдеген ойлор менен жашайбыз. Ал эми Кыяматтын алгачкы күнү бул дүнүйөдө сенин оюңдан кетпеген нерсенин баарынан качып, “бейишпи же тозокпу” деген бир гана ой менен каласың.
Адам баласы төрөлгөндө кезек менен төрөлөт. Бирок, өлгөндө кезексиз кетет. Аллах Таала айтат: “Эч бир жан эртең эмне иш жасары биле албайт. Эч ким кайсы жерде кантип олөрун да билбейт. Чынында, Бир Аллах гана Билүүчү, Кабардар”. (Лукман, 34-аят). Биз эртең эмес, азыр, бир көз ирмемден кийин эмне кыларыбызды билбейбиз. Бирок, өлбөөчүдөй болуп жашоо кечиребиз. Канткенде кутулат. Сооп жана күнөө менен гана болот. Акча тааныш пара. Бейишке киремби тозокко киремби. Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Умардын уулу Абдуллахты далысынан таптап: “Абдулах, бул дүйнөдө чоочун, жолоочу сыяктуу жаша, жолоочу келген жерине бир аз эс алып кайра басып кеткен сыяктуу, дүнүйө жашоосунда бир аз жашап кайра кетесиң” – деп насаат айтат. Ошол күндөн кийин Абдуллах: “Кеч уктасам таңды күтпөймүн, таң атырсам кечти күтпөймүн” – деп айтчу. Кечинде төшөккө жатып жатканда, эртең менен кайра туруп кетем деп эч ким кепилдик бере албайт. Эртең менен кийген кийимиңди кечинде кайра өзүң чечериңди да билбейсиң.
Аллах бешенңе жазган мөөнөт бүткөн күнү баарын таштап кете бересиң. Өлүм даамын татуу канчалык оор болгоу менен, андан баары бир өтөсүң. Бирок, өлүм менен эле бардык балээден кутулуп кете албайсың. Чыныгы оорчулук, көйгөй эми башталат. Туугандарың ыйламыш болуп, өкүрүп-бакырып эки метр чүпүрөккө оройт да алып барып көмүп салат. Андан аркысын өзүң көрөсүң. Мүрзө ичиндеги алгачкы түн. Түндүн караңгылы, мүрзөнүн караңгылы. Жасаган күнөөлөрүбүздүн карңгылыгы. Үч карңгылыктын ичинде Мункар, Накир периштелердин алдына турасың. Эмне менен кутуласың? Кимден жардам сурайсың? Кимге телефон чаласың? Жогорку кызматтагы таанышыңа ишенесиңби? Чөнтөгүңдөгү долларга ишенесиңби? Жан сакчыларынды чакырасыңбы? Каардуу периштелерге жалынып, ыйлайсыңбы? Жок! Мунун баары сага жердин үстүндө гана жардам берет. Ал эми жер алдына, кабыр ичинде мыйзам башка. Мункар, Накир пара албайт. Алар чоң кызматтагылардан коркпойт. Сенин күчыүн кайда жумшаарын билбеген жан сакчыларың аларды жоошута албайт. Алардан сени куткара турган бир гана сенин сооптуу амалдарың. Адам баласынын үч унаасы болот: биринчи эненин жатыны. Анда тогуз айдан ашык жүрө албайсың. Тогуз айдан соң жер бетине, дүнүйө жашоосуна келет. Бул жашоодо элүү-алтымыш жыл ар кандай унааларда жүрөт. Анан табытка түшөт. бул анын акыркы унаасы. Андан ары биз билбеген жашоо башталат. Мүрзө, кайра тирилүү, эсеп-кысап, тараза, кыл көпүрө. Буларда биздин тагдырыбыз эки гана нерсе менен чечилет. Сооп жана күнөө. Кимдин сообу көп – ал бактылуу. Кимдин күнөөсү көп – ал бактысыз.
Биз бул дүнүйө жашоосунда жакшы жашоону билебиз, бирок эмне үчүн жашап жатканыбызды билбейбиз. Аллах берген өмүрдү жалаң гана жыюу, топтоо менен өткөрөбүз. Кызыгы, ошол топтогон нерсебизден эч нерсеи алып кете албайбыз. Бирок, топтогон неселерден бирөөсүн гана мүрзөгө ала кете алабыз. Ал – биз жасаган амал. Мүрзөгө амалыбыз гана кошо кирет. Башка эч ким жана эч нерсе биз менен бирге кире албайт. Бирөө кайтыш болсо, биз, адамдар: “Артында эмнеси калды экен” – деп сурайбыз. Периштелер болсо: “Алдына эмне жөнөттү экен” – деп сурашат экен.
Адам баласынын эки насаатчысы бар: биринчиси – Куран. Ал жашообуздун ар бир көз ирмемин туура өткөрүүнү насаат кылат. Экинчиси – өлүм. Ал бул жашоо эртели-кеч бүтөрүн, андан ары башкача жашоо башталын, мына ошол жашоого даярдык көрүү зарыл экендигин насаат кылып турат. Ислам аалымдарынын бир айтат: “Ким дос издесе, ага Аллах жетиштүү. Ким душман издесе, ага нафси жетиштүү. Ким бакыт издесе, ага дин жетиштүү. Ким байлык издесе, ага каниет жетиштүү. Ким үлгү издесе, ага өлүм жетиштүү. Ал эми ким булардан үлгү ала албаса, ага тозок жетиштүү”. Мына жакында эле Кара-көлгө эки жолу машина түшүп кетти. 11 адам каза болду. Акылын иштеткен адамга олүмдөн откон үлгү жок. Аллах Таала: “(Качан) Аллахтын (белгилеген) мөөнөтү келгенде ал эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер” – деп айтат. (Нух, 4-аят). Өлүм убактысы келгенде, аны бир аз коё тур деп айтуу мүмкун эмес. Илгерки падышаларга аалымдар Аллахты эстетүү үчүн кирип турчу экен. Ошондой аалымдарыдн бир падышанын алдына келип: “Сен бул жерде отурган биринчи падыша эмессиң, эгер бул орунду бир адамдын тагдырына жазып койгондо, сен мында отурмак эмессиң” – дейт. Падыша: “Дагы насаатыңды улант” – дейт. Тиги: “Адам атадан сага чейин канча аталарың өткөнүн эсиңден чыгарба. Сен да бир күнү бул жашоодон өтөсүң” – деп насаат айтат. Өмүр канчалык узун бобосун, Акырет жашоосунун алдында түккө турбайт. Нух пайгамбар 950 жыл элди даават кылат. Айтымдарад 1000 жыл өмүр сүрөт. Качан ал өлүм сересине келген мезгилде, периштелер андан жашоо тууралуу сураса, ал: дүнүйө жашоосу эки эшиктүү үй сыяктуу экен. Анын биринен кирип, экинчисинен чыгып кеткендей эле болуп калдым” – деп жооп берет. Чындап эле азыр артыңа бир кылчайып карасаң, элүү жылдык өмүрүңдү беш мүнөттүн ичинде көз алдыңдан өткөрөсүң.
Бир падыша кооз үй салдырыптыр. Үйүн абдан жасалгалаптыр. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан баалуу бую-теримдерди алдырып үйүн толтуруптур. Качан гана үйү кемчиликсиз болуп жасалгаланып бүткөн соң, элди чакырып той бериптир. Элдин баары чогулган кезде, падыша эл алдына дин илимин жакшы билген аалымды чыгарып, ага: “Хазирет, бул үйдон кандайдыр бир кемчилик тапсаңыз аны айтып коюңуз. Мен аны дароо эле түзөтүп коёюн” – дейт. Аалым үй ичин бир топко айланып карайт да: “Падышам, бул үйдо бир эле кемчилик бар экен. Тилекке каршы аны сиз оңдой албасыз” – дейт. Падыша: “Ал кандай кемчилик?” – деп сурайт танданып. “Бул үйдүн бир кемчилиги – андан сиз өлүп чыгат экенсиз, бирок кайра кайтып келе албайт экенсиз” – деп жооп берет.
Бул дүйнөнүн байлыгы, кооздугу бул дүйнөдө гана калат. Мүрзөлөргө барып карап көргүлө. Мүрзөлөрдүн үстүндө айырма болуусу мүмкүн, бирок астында баары окшош. Мүрзо астындагы айырма бир гана алардын жасаган амалдарында. Абдулмалик бин Марван аттуу белгилүү падыша өткөн. Ал өзүнө Курандагы Аньам сүрөсүн окуп турчу. Анда: “Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, Бизге өзүңөр жалгыз келдиңер го! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, кызматчы ж.б.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды да көрбөй жатабыз. Араңар үзүлдү. Силер (пайдалуу) деп ойлогон нерсеңер жок болду!” деп айтылган болчу. (Анаьм, 94-аят). Ислам тарыхындагы белгилүү падышалардын бири Харун Рашид базардан өз кепинин сатып келип, Курандагы: ” Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды. Менин күч-кубатым да жок болуп кетти” деген аяттарды окуйт эле. (Алхакка, 28-29-аяттар). Атасы Харун Рашид каза болуп, аны мүрзөгө жашыргандан кийин Маьмуун деген баласы: “Оо, бийилиги эч качан колунан кетпеген Зат, бүгүн бийлигин жоготуп, Өзүндүн алдыңа барган атамдын күнөөлөрүн кечир” – деп дуба кылат. Хасан ал-Басрий жашы улгайып калган адамдарга карап: “Оо, ак сакалын жайкалткан улуулар, эгер эгин бышып жетилсе эмне болот” – деп суроочу. Ал эми жаштарга карап: “Оо, менин кырчын курактагы жаштарым, эгин бышып жетиле элек кезинде эле сел алып, же шамал талкалап кеткени көргөн эмессиңерби? ” – деп айтчу. Ал, бул сөздөрү менен жаш-карыга өлүмдү эскертип турчу. Өлүмдү эч ким каалабайт. өлүмдөн баары качышат. Бирок, кайда качпагын, кайда жашынбагын баары бир өлүм сени таап алат. Куранда Аллах Таала: “(Оо, Мухаммад): “Силер коркуп качп жүргөн олүмгө баары бир жолугасыңар” деп айткын” – деп буйруган. (Жума, 8-аят).
Умар бин Абдулазиздин аталарынын баары падыша болуп өткөн. Ал бала кезинде жибектен тигилген көйнөгүн бир күндө үч жолу алмаштырып кийчү. Күндөр өтүп ага да падыша болчу мезгил келет. Эл алдында бир канча жолу падыша болуудан баш тартат. Бирок, анын адилеттүүлүгүн жана такыбалыгын жакшы билген эл аны падыша кылып алышат. Ал падышалык татыга отурган күндөн баштап өзгөрө баштайт. Кийимдери мурдагыдай эмес жупуну болуп калат. Көп сүйлөбөйт. Ой басат. Адамдар анын себебин сурашса, аялы өзү да билбестигин, ал падыша болгондон бери жылуу төшөкко жатпай калганын айтат. Бир күнү белгилүү аалымдардын бири Ибн Зияд келип падышадан иштин жөн-жайын сурайт. Ошондо ал ыйлап мындай дейт: “Оо, Ибн Зияд, сен менин падыша болгондон кийинки эмес, мүрзөгө коюлгандан кийинки абалымды көрсөң жакшы болмок, менин мунун баарына кантип жооп берем”.
Усман (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир адам кабырга коюлган сайын ыйлап отуруп өзүн жоготуп койчу. Сахабалар мүрзөгө өлүктү көтөрүп барып, кайтканда Усманды (Аллах андан ыраазы болсун) көтөрүп келишчү. Андан эмне себептен мындай абалга туш болорун сурашканда, ал: “Мен бул жашоодо да, акыретте да адамдар менен бирге болом. Бирок, кабырда эч ким менен бирге боло албаймын. Пайгамбарыбыздын “Кабыр бейиштин бакчасы, же тозоктун чуңкуру” деп айтканын укканмын” – деп жооп берчү.
Демек, Урматту мусулман бир туугандар, жаныбызда эч ким болбой турган,эч кимдин жардамы тийбей турган мүрзөнүн биринчи күнүн эч качан эсибизден чыгарбай жүрөлү. Аллах Таала ар бирибизге, мүрзөнүн биринчи күнүндө болчу суроолорго жеңил жооп берүүнү насип кылсын.

#650 26 Сентябрь 2015 - 23:44
Абышка жана алма
Абышка койлорун айдап, узактагы жалгыз түп алма өсүп түрган дөңсөөнү көздөй баратты….
“Канакей, уулум! Бул абышканын алмасын бер эми.” деп айтаары менен бир өтө даамдуу жана бышып жетилген алма үзүлүп, абышканын колуна түшүп калчу. Бүктөлмө бычагын алып чыгып, алманы бөлүктөргө бөлүп, айран сүртүлгөн нандын арасына коюп жечү. Андан соң атасы мурас кылып калтырган Ыйык Куран китепти колуна алып, окуп баштачу. Абышка бул даракты эккенине 20 жылдай убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында аны дайыма суугарып турду. Болгондо да даарат алып, андан ашып калган суу менен суугарчу экен. Алма аз убакыттын ичинде эле абышкага мөмөсүн бере баштаган эле. Ал убактарда абышка да жаш белем, өзү каалаган мөмөнү “шырп” эттире үзүп алчу да. Убакыт өтүп, ушинтип картайды. Дарак болсо чоңойгондон- чоңоё берди. Барибир, абышка аны өз перзентиндей көрчү.
“Канакей, уулум! Бул абышканын алмасын бер эми.” деп түшүп турду…
Мындай таң калыштуу окуяга күбө болгон ошол айылдын тургундары өз-ара сүйлөшүп, абышканын олуя адам экенин айтып жүрүштү….
Күндөр өтүп жатты… Бир күнү абышка дарактын түбүндө намаз окуду, жаратканга кайрылып дуба кылды. Андан соң:
“Канакей, уулум! Бул абышканын алмасын бер эми.”деп колун сунуп турду. Бирок, алма колуна түшкөн жок. Кайра кайталады. Кайра эле ошондой. Алма түшкөн жок. Алма алгачкы мөмөсүн бере баштагандан бери биринчи жолу ушундай болду….
Көңүлсүз абышка койлорун айдап айылды карай бет алды. Катуу ойго баткан абышка жакын жердеги мечиттен чыккан азандын добушунан улам кайра өзүнө келе түштү. Жаңыдан туулгандай боло түштү. Унутуп калган тура. Кайра артына шашып жөнөдү. Сүйүктүү перзентине жөнөдү….
Ардактаган алмага жетип келген абышка көзүнө жаш алып, алманы кучактады да: “Ардагым! Менин ардактуум! Унутчаак абышкага неге эскерткен жоксуң? Абышканын көңүлүн чөктүрбөй эле, бүгүн рамазан айынын биринчи күнү экенин айтсаң болмок!”

#651 26 Сентябрь 2015 - 23:46
Он эки миллион
Иштеген киши эриккенди билбейт. Зеригүү, бекерликтен тажоо дегендер ага жат. Буларды
байлар гана билет. Зарара конту, Бай Арно өзү жашаган шаардын эң бай кишилеринен бири болчу. Жаш болгонуна карабастан, жашоонун бүтүн даамдарын таткан, тажап, чарчап бүткөн. Бул жашоодо жасай турган эч нерсеси калган эмес. Байлык адамга тартуулаган бүтүн сулуулуктар, жеңилдиктер колуңца болчу. Узун саякаттар жасап, ырдап-бийлеп, көңүл ачып, кумар ойноп жүрүп, жылдар өткөн соң атасынын очогуна кайткан. Шаардын дөбөчө жериндеги көркөмдүү чарбагы жибек, пилдин тиши, сансыз кызматчыларга толо болчу. Бирок бай Арно баары бир зериге берчү. Бардык жерде, бардык учурда эле анын кош көңүл, кайдигер отурганын көрүүгө болор эле.
Чарбакты курчаган токойдун сыйкырдуу кооздугуна, том-том китептерге, көз тайгылткан баллдарга, кечелерге карабастан, анда ар дайым бир санаа бар боло турган. Адам баласына бакыт жана беймаралдык тартуулаган бир иши жок эле бай Арнонун… Эригүүсү да ушундан улам боло турган. Бир күнү эртең менен токойду жалгыз башына кыдырып чыгууну ойлоду. Ичи камыгып, өзүнчө эле бушайман болуп, эч нерсе анын сезимдерине кымындай да таасир бере алчу эмес. Назик, аппак колдорун желкесине таяп, башындагы жаман ойлорду алып салууга аракеттенгендей болду. Тажатып, жардам сураган бирөөлөрдүн болбошу аны бир аз тынчытты… Шиберге үстөмөндөп жатып алып, көздөрүн жумду. Бир канча саат бою тынч уктап эс алгысы келди. Бул тажатма, ажарсыз дүйнөдө жасай ала турган жалгыз иши бу болчу. Так башынын үстүндө куштар топтолуп, чыйрыттап сайрап жатышты. Капысынан эле куштардын жапырт учуп калганын көрдү. Аркасынан эле жакындап келе жаткан табыштарды жана балдардын сүйлөшкөндөрүн укту. Ичтеринен бирөө кубанычтуу үнү менен кыйкырды: Он эки миллион… Башка бирөө ага каршы болуп: Бул өтө көп. Бир миллиондон ашык акчам болушун каалабайм. Он эки миллиоңцу эмне кылмак элем. Кел, Франс. Бул жерде тактай отургучтар бар экен. Отуруп бир аз эс алалы… Франс жолдошунун аркасынан жөнөдү. Анан капысынан эле: Рудолф! деп бакырды, карасаң. Тактайга бирөө ыр жазып коюптур. Укчу, мен окуюн. Ар бир күн башка бир азап Ар түнү башка бир жатак Эй, баарынан улуу Кудайым Ишсиздиктен бүттүм тажап. Франс кайгылуу көздөрү менен досуна карап: Ушуну
жазган байкуш баланы көрсөм, колуна бир канча алтын тыйын берип: барып бир жакшынакай көйнөк, өтүк ал. Жуунуп таранып, чачы-башыңы ал. Курсагыңды тойгуз. Анан барып, бир мыкты устанын жанынан иш изде, дейт элем. Албетте, мындай албырап-салбыраган кийим кийип алып, иш издесең, эч ким ишке албайт. Арнонун көздөрү умачтай ачылды. Эриккени-зериккени жок болду. Балдардын шандуу, шайыр үндөрү ичиндеги бир жылуу сезимдерди козгоп койду. Уксаң, мени, Рудольф. Мен он эки миллионду эмне кылам дебейсиңби? Өзүң билесиң. Биздин кичинекей шаарчабызда саңдаган колунда жок, кедейлер бар. Кичинекей, кароосуз үйлөрдө жашашат. Кышкы сууктун каарына чыдабай, көбү өлүп калат. Мен таптаза, ичинде ар түрдүү саламаттык кызматтары болгон, жаркыраган имараттар курдурмакмын. Буга эки миллионум кетмек. Анан да жалпы эл үчүн, өзгөчө ноокастар, майыптар үчүн чоң бир мончо салдырмакмын. Каалагаңдар барып, бе кер эле жууна алсын деп. Ага да эки миллион чыгымдамакмын. Миндеген балдар жакшы тамак-аш ичпейт, жакшы тарбия албайт. Алардын багылышы, туура чоңоюшу үчүн дагы эки миллион зарптап, чоң бир жай курдурмакмын. Ойлоп көрсөң, Рудольф. Оорукчан, кары-картаң, дармансыз канча киши бар. Алар өмүрүнүн соңунда ысык тамак, жайлуу төшөк, жылуу-жумшак мамилеге туш болушу үчүн бул кандай сонун иш болмок. Дуба окушуп, ырахаттанышмак. Бул үчүн төрт миллион бермекмин. Биз жашаган шаарда бир да китепкана жок… Ичинде миндеген китеби бар, бир китепкана салдырам. Кенен, жылуу жана жарык чачкан бир имарат. Карылар, жаштар, балдар бош убакыттарын ошол жерде өткөрө алышат. Канча нерсе үйрөнүшөт, баштары билимге, көкүрөгү сүйүүгө толот. Эч ойлонбой туруп, бул үчүн төрт миллион берем. Баарыданда, Рудольф… Ошол кезге чейин жолдошунун сөзүн сабырдуулук менен угуп турган Рудольф күлүп: Болду эми, деп жолдошунун сөзүн бөлдү: Франс, бүттү акча… Он эки миллионду арыдан бери бүтүрдүң. Койчу! Мынчалык тез түгөнөрүн билген эмесмин. Саамга үндөбөй калышты. Рудольф, ушунчалык ачка болдум. Оозума кара суу келе баштады. Кыштакка кире бериште бир наабайчы бар. Жакындап калдык. Ошоңцон эки нан ал… Жеп алалы. Франс чөнтөктөрүн аңтарып, анан муңайым үнү менен: Рудольф мага жыйырма тыйын бересиңби? Жанымда эч акча жок. Бир тилемчи балага берип койдум. Эмдиги аптада менин туулган күнүм болот, ошондо сага жыйырма тыйыныңы кайтарып берем, деди эле, Рудольф: Албетте, албетте, деп акча сунду. Франс дароо жолго түштү. Зарара конту Бай Арно жаткан жеринен сүйүнүчтүү бир сезим менен шак турду. Токойдон чыккан кезде эң сонун сезимдер бийлеп алган. Дүйнөдө аны жашоого байлаган бир нерселер жаралды. Ичиндеги тажатма, кайгы, капа калган эмес эле. Башка адамдарга жакшылык кылуу чабасы бүтүн ой-дүйнөсүн бийлеп алган болчу. Кээде чайыттай ачык күндөрдө, аны жалгыздыктан, боштуктан куткарган балдардын таттуу тилдерин эстеп калчу. Жылдар бою кулагында ошо он эки миллиоңду адамдардын бактысы үчүн зарптаган, өзүнүн чөнтөгүндө бир кесим нан ала турган акчасы жок баланын үнү жаңырып турду.

#652 26 Сентябрь 2015 - 23:47
Койчунун кудайга шүгүр кылганы…
Күндөрдун биринде карапайым бир койчу Жаратканга шүгүр келтирип, өзүнүн аң-түшүнүгүнө жараша: -“Оо, Жараткан! Кай жерде болсоң да, менден сура! Кааласаң сага койлорумдун жылуу, даамдуу сүтүнөн саап берейин… Жаткың келсе жаздыгымды берейин…-“деп кайрылып жаткан болот. Койчунун бул сөзүн уккан Муса пайгамбар ачуусу келип: -“Сен эмне деп жатасың?!
Аллах сүт ичкендей, же уктагандай адам бекен?! Алллах Таала бардык кемчиликтерден аруу! Ал эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес! Экинчи мындай сөздөрдү айтпай жүр!”-деп койчуну урушат. Карапайым койчу ыңгайсыз абалда калып, айткан сөздөрүнө абдан өкүнүп, бушайман болот да, эмне кылаарын билбей, дароо ордунан обдула туруп, шашкан бойдон жөнөп кетет. Аллах Таала ошол замат азирети Мусага:-“Бул эмне кылганың! Пендем чын жүрөгүнөн колунан келишинче Мага жалынып, Мени эстеп жаткан. Сен аны эмне үчүн уруштуң? Ал тили менен адепке ылайык сөздөрдү айтканды билбесе дагы, жан дили менен мени эскерип, мага шүгур келтирип жаткан болчу,”-деп эскертүү берет. Азирети Муса кылган ишине аябай өкүнүп, дароо койчунун аркасынан издеп жөнөйт. Көп өтпөй койчуну таап: -” Сен өз каалаганыңдай Аллахты эскере бер, -деген экен. Урматтуу бир тууганым, дубаны арапча айтуу сөзсүз түрдө милдет эмес. Өз тилиңде эле чын ыхлас менен дуба кыла бер. Буйруса кандай дуба кылсаң, Аллах дубаларыңды кабыл кылат. Албетте Аллах дубаларды Кабыл кылуучу.

#653 26 Сентябрь 2015 - 23:51
Сенин хансарайың кандай болот?
Бул кабыр Кувейттеги эң бай ишкерлердин бири Нассер аль-Харафиге таандык. Анын Кувейт банктарындагы байлыгы $ 12 млрд долларды түзөт. Анын дуйнө жүзүндө 33 нефти ташыган танкери болгон. Андан сырткары дүйнөнүн бир-канча өлкөсүндө мейманканалары да бар. Кувейттеги “Zain Telecom” мобилдик операторунун жарымына ээлик кылган. Ал Кувейт, Малайзия, Дубай, Франция, Италия, Англия сыяктуу өлкөлөргө 20дай мунараларды курдурган. Бул болсо анын азыркы жашап жаткан хансарайы.
صورة لمنزل أغنى رجل أعمال كويتي . ناصر الخرافي والذي وجدت مبالغه في البنوك الكويتيه مايقارب مليار دولار . ولديه 33 حاملة نفط على مستوى العالم وله اكثر فنادق العالم . يملك نصف شركة زين للاتصالات . لديه 20 برج في كلآ من الكويت . ماليزيا . دبي . فرنسا . ايطاليا . لندن . وهذه صورة قصره الذي يسكن فيه الآن … لمثل هذا فليعمل العاملون !
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#654 26 Сентябрь 2015 - 23:52
Сулайман ала́йхи саллам жана кумурска
Бир күнү Сулайман ала́йхи саллам пайгамбар кумурскадан бир жылдык керектеген азыгынын көлөмүн сурайт.
Кумурска “буудайдын бир данын керектейм” деп жооп берет.
Кумурска берген жооп туура же туура эмес экенин текшерүү үчүн аны бир шишенин ичине салат. Жанына да бир дан салып, шишенин оозун аба кире тургандай кылып жабат. Бир жыл да өтөт. Шишени ачып караса, ошол дандын жарымын гана жеген болот. Сулайман ала́йхи саллам таң калат. «Эмне үчүн жеген жок?» деген суроо туулат. Кумурсадан сураганда: Сенден мурда менин ырыскымды Аллах берүүчү. Мен ага ишенип, дандын баарын жечүмүн. Себеби, ал мени эч качан унутпайт жана менден жүз буруп кетпейт. Ал эми сен мени камкордугуңа алгандан баштап «бул көр пенде» деп сага толук ишене алган жокмун.
Ошон үчүн мага берилген дандын жарымын гана жедим. Жарымын болсо кийинки жылга калтырдым.
Жараткан эч кимди пенденин колун каратып, ага муктаж болуудан сактасын! Өзүбүз эмгек кылып, ыпыскыбызды адалдан таап жейли!

#655 26 Сентябрь 2015 - 23:54
Апакемдин таманы
“Бейиш эненин таманынын астында”
Мухамад пайгамбар (Саллалоху Алейхи Васаллам)
Шаардан үйгө келдим. Эмнеге экени эсимде жок, заматта маанайым бузулуп, кабагым карыш түйүлүп, бирөөгө кыйкырып албайын деп өзүмдү араң кармап, чай ичкен столдун четинде сүйлөбөй отурдум. Апам менин абалымды сезип, унчукпай өз ишин ары-бери кылып, үйдөн чыгып кетти.
Апам 55 ке мына чыгайын деп калса да, үй иштеринин баарын өзү кылып, өзүн жаш келиндей жеңил алып жүрчү эле. Ар бир нерсени орду- ордуна коюп, кийимдерди тептегиз кылып бүктөп, короого бир тал чыбык таштабай, шыпырып, дайыма таза кармачу. Жада калса басканда да шырп эткен дабыш чыгарбай, кадамын мышыктай жеңил таштачу.
Апам эшикке чыгып баратканда, шашпай, жеңил басып бараткан буттарын аркасынан көзүм менен узата карадым.
Караганда да жаман көрүп карадым. Ошол учурдагы биздин көйгөйлөргө апамды да күнөөлөп, ичимден жаман көрүп отургам.
Апамдын ашыкча сүйлөбөгөн, ар бир нерсени так аткарган, өзгөрүүнү жактырбаган, бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алган мүнөзүн терс сапат деп баалап, катуу-катуу эле баспайбы, анча-мынчага көңүл бурбай эле койбойбу, келечекти эле күтө бербей бүгүнкү күн менен жашабайбы, кийимди антип бүктөбөсө эмне болот, короо чачылып турса эмне болмок эле, өзүн аябайбы, эркин жашабайбы деп ойлой берчүмүн. Менин кичинекейимдеги кийимдерди менин балама кийгизем деп сактап жүргөнүн көрүп, ой анын эмне кереги бар деп ойлочумун. Кайгылуу кино көрүп атып ыйлаганын көрүп, ой жарыктык деп күлүп койчумун.
Көрсө мен апамды түшүнчү эмес экенмин. Анын апасыз чоңойгонун, апасына болгон кусалыгы, энелик мээримди көксөөсү бала кезинен бери жылдап жыйылып отуруп бук болуп, саргайган санаа болуп жан дүйнөсүн жабыркатып, картка айланып калганын билчү эмес экенмин. Апамдын апасы таенем эмес, башка болгонун кичинемде бир жолу кулагым чалган менен, бир да көңүл бурбаптырмын.
Так ошол апамдын эшикти көздөй басып баратканын карап отурган сааттан бир күн өтүп, апаңдан айрылдың деген суук кабарды уктум…
…Көзүмө апамдын ошол кадамдары кайра-кайра тартылды. Паластан жай көтөрүлүп бараткан согончогу, таманы, кинотасманын үзүндүсүндөй көз алдымда турду. А оюмда “Бейиш эненин таманынын астында” деген сөз казыктай кадалып турду…
Андан бери Жер Күндү туптуура 3 жолу айланды.

#656 26 Сентябрь 2015 - 23:57
Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар
Илгери өткөн замандарда. Африкадагы өлкөлөрдүн биринде. Өлкөнү башкарган падыша жашаптыр. Ал падышанын жанында эс тарткандан баштап коштоп жүрчү жан досу да карыш жылбай чогуу жүрчү.
Падышанын жандоочусунун башкалардан өзгөчөлөнүп турган адаты бар эле. Өзүнүн же башканын болсун, жакшылык же жамандык болсун, жөн гана «ар жаман иштин
артында бир жакшылык бар»
деп айтып гана тим болчу экен.
Күндөрдүн биринде, падышаны коштоп аңчылыкка чыгышат. Падышанын мылтыгына ок салып берет. Бирок, ок тетири салынып калып, ок падышанын баш бармагын жулуп кетет. Падыша ачууланганын көргөн досу :
—«Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди. Падышанын катуу ачууланып, зынданга салдырлы.
Арадан бир жыл өттү. Падыша жигиттери менен аңчылыкка чыкты. Ошол падыша жана анын жигиттери аңдын кумарына батып, жапайы адамдар жашаган аймакка кирип кетишти. Адам жегич жапайылар аларды кармап келишип байлап, от жагып бышырып жегенге даярданып жатышкан. Алардын ишениминде: «Бир мүчөсү кем болгон адамдарды жегенге болбойт. Эгер ал мыйзамга каршы чыккан адамга жаратылыштын каргышы тийет» .
Ошентип падышаны бошотуп, анын калган жигиттерин жеп салышат.
Сарайга аман-эсен кайтып келген падыша, баш бармагынын жок болгону себептүү тирүү калганын айтып, зындандагы досун алдырат. Башынан өткөндөрдү төкпөй-чачпай айтып берет. Аны зынданга салдырганыга бушайман экенин айтып кечирим сурайт. Бирок, досу кайрадан : «Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди.
Падыша өзүн кармап тура алган жок.
— Сенин бир жылың зынданда, караңгылык ичинде, ачка жана суусуз өтүп кетти. Мен мындан жакшылыкты көрбөй турам.
Падышанын досу ага жылмаю менен жооп кылды:
— Эгер мен зынданда болбогондо, сиздин жаныңызда болмокмун. Сиз менен аңчылыка кошо чыгып, жапайыларга жем болмокмун….

#657 26 Сентябрь 2015 - 23:58
Ажал
Тык, тык, тык…
Эшикти кимдир бирөө черткилеп жатты…
– Ким бул?
– Даярдан кетебиз.
– Сен кимсиң? Каяка кетебиз деп жатасың?
– Кезегиң келди. Чыныгы үйүңө сени алып кетем.
– Чыныгы үй дейсиңби? Анда сен…!
– Ооба, кетебиз тезирээк бол!
– Беш мүнөт күтө тур..жарым-жартылай калып кеткен иштерим бар.
– Бүтпөгөн иштериң болсо, башкалар аягына чыгарат. Тездет!
– Балдарымчы? ! Алар кичинекей да. Макул, анда коштошуп алайынчы..
– Сенсиз да алар чоңоюшат.. Тезирээк! Сени күтүп жатышат…
– Күтүп жатышат? Кимдер?
– Барганда көрөсүң..!
– Түшүнүп турам. Бирок, жүрөгүн оорутуп, кечирим сурай элек, жакшылык жасай
элек адамдар бар. Суранам, мен аларга карыздар абалда кетким келбейт.
– Муну убагында ойлонушуң керек болчу!
– Убагында? А мен… убактым көп деп ойлочумун.
– Баарыңар окшошсуңар. . Убакыт – сен жашап жаткан убак..
Мындан да узак эмес…
– Аттиң! Аттиң!….
– Каалайсыңбы жокпу, мен сени алып кетем. Бүгүндө жашап жатып, дайыма эртеңкиңдин бар экенин ойлоп жашадың.
Тууганым! Бул сиз бизге сабак боло турган мисал…
Бул сага да бир эскертүү. Азыр барсың. Бирок, эртең жоксуң…
Ал келгенде, сен үмүт менен сүйүнүү менен тосуп алганга даяр бол!

#658 27 Сентябрь 2015 - 00:00
Сиз бул үч суроонун жообун билчү белеңиз?
Жаш жигит өзүн түйшөлткөн суроолоруна жооп бере ала турган адамдарды издеп, жооп тапканга аракет кылды. Көптөгөн адамдардан сурады, бирок эч ким жооп бере албады.Бир убакта бир билимдүү мусулманды жолуктуруп калып, суроолорун берди.
1. Кудай барбы? Эгер бар болсо, мага анын сөлөкөтүн көрсөтчү?
2. Тагдыр деген эмне?
3. Эмне үчүн шайтан оттон жаралганы менен баардык тарабы от болгон тозокко кирет? Тозок да, шайтан да от болгону үчүн шайтанга тозокко түшүү кыйынчылыкты туудурбайт. Эмнеге Аллах ушуну ойлонгон эмес?
Кокусунан билимдүү киши жаш жигитти алакан менен катуу чаап жиберди.
– Эмнеге сен мага ачууланып жатасың?
– Мен ачууланбадым. Бул жөн гана сенин суроолоруңа жооп болчу.
– Кандайча?
– Мен сени ургандан кийин менин урганымды сезишиң үчүн урдум.
– Албетте, мен ооруганын сездим.
– Демек, сен оору бар экендигине ишендиңби?
– Ооба.
– Анда сен мага Кудайдын сөлөкөтүн көрсөт – деди билимдүү киши.
– Жок, мен көрсөтө албайм.
– Бул сенин биринчи сурооңдун жообу…… Эми айтчы, түндө түшүңдө мен сени алакан менен чапканымды көрдүңбү?
– Жок.
– Сен бүгүн менин алакан менен чабарымды качандыр бир убакта ойлодуң беле?
– Жок.
– Бул тагдыр. Менин колдорум эмне менен жабылган?
– Тери.
– А сенин бетиңчи?
– Тери.
– мен урганда сенин бетиңдин териси оорудубу?
– Аябай ооруду.
– Сенин бул жообуң болсо, үчүнчү сурооңдун жообу…

#659 27 Сентябрь 2015 - 00:03
Имам Ахмад жана Наабайчы
Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.
– Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?
– Уктайын деп жатам.
– Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.
Кароолчу:
– Мечиттен чыгып кет!
Имам Ахмад:
– Бир аз уктаганга уруксат берчи.
– Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” – деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын “Астагфиру Ллах” деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.
– Ооба. Көптөн бери.
– Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?
– Ооба.
– Кандай жемиш?
– Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.
– Ал кандай дуа эле?
– Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.
– Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын!

#660 01 Октябрь 2015 - 00:38
"Мындай айдоочу сыйга татыктуу!
!!"
Окуудан үйгө жетүү үчүн Жал кичи районунан 130 чу маршруткага олтурдум, айдоочу байке Нурмухаммад каарынын окуган курандарын катуу кылып коюуп алыптыр, угуп бараттык. Маршрутканын ичинде жоолук салынгандардан мен эле баратам, куран бүтүп "ХИДЖАБ БУЛ ПАРЗ" - деген баян башталды, жанымда музыка угуп олтурган бала наушнигин чыгарып кунт коюуп угуп баштады, баян орто ченине жеткенде ары жакта олтурган эже көзүнүн жашын сүртүп калды. Ушунчалык айдоочу байкеге ыраазы болдум! Ал маршруткада олтурган адамдар жок дегенде бир аз түшүнүккө ээ болушту, ин ша Аллах бул калыбынан жазбаса, акырындап мусулман бир туугандарыбызды Исламга чыкыра берет. Аллах мындай инсандардан ыраазы болсун, билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун! Аминь!!! (Бул окуяны айтып сиздер менен бөлүшкүм келди....) Автор: Гүлдана Мурзаканова