perishte90 (27 Июнь 2013 - 01:34) жазган:
...атам жок апам екоо ажырашып кетишкен.мен тороло электе эле ажырашышкан екен.мен атамды ушул жашка келип коро елекмин.апамда мени таенеме таштап турмуштан айынан иштеп кеткен.ошол боюнча таенемдин колунда чонойдум....он бирди буттум.апамдын колуна келдим....менин жашагым келбей калды.жашоодон конулум калды.достор мен не кылсам болот.
Эх, карындашым, сиздин башыңыздан өткөн нерселер биздин да баштан өткөн. Бирок, эч качан "жашагым келбей калды, не кылсам болот" деген ойлор келген эмес.
Апаңыз, атаңыз сизди жарык дүйнөгө алып келди. Ошого шүгүрчүлүк кылыңыз. Турмушта ар түрдүү кырдаалдар болот. Эң негизгиси, сиз ата-энеңиздин катасын кайталабай, болочок балдарыңызга мээрман эне болуңуз, атасыз калтырбаңыз! Мындан ары эч кимге док урбай, маанайды түшүрбөй, башты жогору көтөрүп, өз арабаңызды өзүңүз айдаңыз. Башкаларга караганда он эсе, жүз эсе көп аракет кылыңыз. Айтмакчы, кыргыздын көп белгилүү адамдары ата-энеден эрте калып, өздөрүнчө аракет кылып, ата-энелүүлөрдөн ашкан ийгиликтерге, атак-даңкка жетишкен.
Дагы бир жолу кайталайм: башты бийик көтөрүп, азга чөкпөй, барга көппөй, алдыга бийик максаттарды коюп, аларга жетишүүгө аракет кылыңыз. Орусча айтканда, "хватит ныть!"
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Июнь 2013 - 11:27