Такыр поездде жүрүп көрдүнөр беле? Вагондор силкилдеп жүрө берет, ал эми айнектен карап отурсаң шуулдап өткөн ар кыл адамдар: жонуна кетмен илип алып талаа сугарып жүргөн дыйкан, кубалашмак ойноп жүрүшкөн секелек балдар, кара терге чыланып жол боюндагы бактарды кыйып, аралап аткан кишилер, эч кайгы-капа жок суунун боюнда эс алып жүргөн жаштар, башкача айтканда, жашоону ар кандай призмадан көрө аласың. Бирок эң кызыктуусу,
сен үчүн алар бир канча секунддук гана көз ирмемдер. Пайда болуп, дароо жок болуп кетишет. Так эле чыныгы жашоодой…
- Улук, даярдан, түшөбүз.
Марат байкемдин сөздөрү ойлорумду бөлүп калды. Биз келе жаткан поезд утурлай ылдамдыгын азайтып, кезектеги станциядан токтоду. Мен элдерге тике карай албайм, көзүмдү ала кача берем. Андыктан байкемдин далына жашындым да, экөөбүз поездден түштүк. Ал машинист мн коштошуп атты. Көп көнүл бурган жокмун, жаңы станция менен таанышып аттым. Станциянын жанында кичинекей кепе жана эски, кулайын-кулайын деп калган сарайы бар экен.
Машинист сигналды катуу берип, поезд ордунан козголду. Чочуп кеттим. Негизи катуу дабыштан корком. Дароо кулагымды жабып, жерге отура калдым. Ооба, 20 жаштагы баланын мындай жоруктары күлкүнү келтирсе керек, бирок мен чын эле коркчумун. Өзүмдү көзөмөлдөй албай калам мындай учурларда. Дайыма баш катаарга жер издеп, ызылдап калам. Баары эле мени келесоо баласын дей беришет. Жалгыз гана ата-энем «өзгөчөөм» деп турушат.
Марат байкем мени абайлап тургузуп, кепени көздөй жетеледи. Биз негизи үйдө 2 эле биртууганбыз.
Марат байкем жана мен. Бирок көп жылдан бери үй-бүлөсү менен ушул станцияда турат. Атам «Марат менин жолумду жолдоду,» - деп кудуңдап калат эле. Чынында биздин жашообуздун баары ушул темир-жол боюнда өттү. Темир жолдон алыстай албадык. Кичинебизде,
Марат байкем экөөбүз поезд келе жатканда желектерди көтөрүп алып тосуп чуркайт элек. Мунун айынан атамдан далай тил уктук. Атам урушуп-урушуп,
байкуштун кайра боору ооруп, төш чөнтөгүнөн момпосуй алып чыгып берет эле. Андан бери канча момпосуй жесем да, ошол кичинебиздеги момпосуйларга окшошпой койду…
Жеңем үйдө тамак жасап күтүп отуруптур. Баарыбыз отуруп тамактандык.
Мен көп жей албай койдум. Жеңемди таарынтпайын деп эле бир-эки кашык жемиш болдум. Экөөнүн кичинекей кызы бар, аты Элина. Ал бир нерселерди быдылдап атат. Жеңемдер күлүп атышты.
- Мен үйгө кетем, - дедим
Күлүп аткан байкем менен жеңем тып басылышты. Байкем мени көпкө карап турду да:
- Кемчонтой, сени атайын шаарга жакын болсун деп алып келбедимби.
Эми биз менен жашайсын. Сенин үйүң эми ушул станция, - деди.
Марат байкемдин кемчонтой дегенине аябай чычалачымын.
Апамдар да урушуп жүрүштү, азыркыга чейин урушушат. Бирок байкем ушул сөзүн таштай албай койду. Мен ызаланып ыйлаган күндөр да болгон. Бирок Марат байкем аны жаман ой менен айтчы эмес. Аны билчимин. Мен ыйлаганда эң биринчи чуркап келет, соооротот, мага тийишкен далай балдар мн тытышып эле жатып калчу. Мени жакшы көрөөрүн билем. Ошого кемчонтой деген сөзүнө таарынбасам керек.
- Менин уйкум келди.
Жеңем төшөк салып койгон экен. Төшөккө кирдим. Тескери карап алып жатам. Алар дагы деле бир нерселерди суйлөшүп отурушат. Бир маалда жеңем байкеме:
- Байкушум, тамак да ичпей жатып алды, - деди.
- Жолдон чарчап калды. Кичине эс алып алсын, тим гой. Жаңы жерге да оңой менен көнө алышпайт аутисттер, - деди байкем.
Ушул сөздү такыр уккум келбейт. Аутист… Аутист… Бул сөз айтылса эле элдин баары мени аяр, жалооруп карай башташат. А мен болсо мага кадимки адамдай мамиле кылса дейм. Жиним келип чүмкөнүп жатып алдым.
****
Ойгонсом, кеч кирип кетиптир. Бир сутка уктаганыма таң калып, турайын десем, тура албай калыптырмын.
Шайым жок. Табым көтөрүлуп, кускум келип эле туруп алды. Жеңем менен байкем чуркап жүрүшөт. Байкем толтура дары-дармек көтөрүп келип алыптыр. Жеңем ысык шорпосун даярдап келди эле, такыр иче албай койдум. Бергенин кусуп аттым. Марлини улам суулап келип маңдайыма коет, таза аба кирсин деп терезелерди ачып койду. Байкем да жумушун кимге табыштаган билбейм, жаныман чыккан жок. Менин болсо оюмдун баары үйумдө. Оорум мага табылбас шылтоодой сезилди. Байкем дароо үйгө жеткирип салат деп ойлодум. Тагыраак айтканда, ошондой болсо экен деп Кудайдан тиленип аттым. Поезд менен өзүбүздүн станциябызга жакындап атканыбызды,
кулагымды жабып алып машинисттин сигналын басып атканымды, атам менен апам станцияда туруп алып кол булгалап атканын элестетип жаттым.
- Эртең муну ооруканага алып баралы, - деди байкем. А менин болсо пландарым такыр башка эле...
Баракча 1 - 1
Үйгө алып барчу темир жол...
#2 15 Июль 2016 - 03:10
Аффтор кутобуз.аутист жонундо кенениреек жаза кетинизчи.бизде да бир аутист бар.бирок ал такыр суйлобойт.озгочо бала.сиздей кулагыны бекитет резко добушка.кутуп каламын
#4 15 Июль 2016 - 13:20
Коптон Эле жазгылачы
Сенин суйуун ,Менин Ар намысымдын алдында (made in China)
#5 15 Июль 2016 - 13:23
аутисттердин жан дуйносун кобуроок жазсаныз абдан пайдалуу тема болчудай...
#7 15 Июль 2016 - 15:19
Түн бир оокумга чейин уктабай жаттым. Мен дүйнөдө эки эле адамга ойлорумду айта алчымын. Алар – атам менен апам. Башка айылдаштарым менен да сүйлөшүп көргөм. Бирок, мага жаккан эмес. Мен сүйлөп атканда кээде ошол учурга такыр тиешеси жок нерселерди деле айта берем да. Көбү күлүп, басып кетишет. Мен таарынтып алдым го деп 2-3 күн бушайман болуп жүрө берем. Ата-энем менен гана көпкө баарлашып отура берчибиз.
Байкемдерди карасам уктап атышат. Акырын туруп, жолдон дагы ооруп калсам деп дарыларды чөнтөгүмө салдым да, көчөгө чыктым. Өз үйүм тарапты көздөй жол алдым. Темир жол бойлоп барсам туура болот эле. Бирок байкем аркаман жетип келет деп корктум. Ошондуктан, талаа аралап басмай болдум. Бирок темир жол корүнүп туруш керек эле. Антпесе адашып кетмекмин. 200 метрдей добуш чыгарбай абайлап жүрүп отурдум. Байкемдин кепеси алыстаганда гана чуркап жөнөдүм. Денем ооруп атты, табым дагы деле түшө элек болчу. Улам-улам дары иче бердим, бирок токтогон жокмун. Мен адамдарга таарына албасам да, байкеме ызаланып аттым. Эмнеге мени кыйнап алып келди? Мен аны жакшы көрөм, бирок мени үйдө апамдар күтүп атышпайбы? Жаңы жашоо баштайбыз дейт, бирок мага жаңылыктын кереги жок эле. Көнгөн эле ата-энемдин жанында болгум келет. Жеңемди ойлодум, аны аядым. Тамагын жебей койдум, рахмат деп да айтпадым. Эми менин үйгө кетип калганымды ойлоп капа болсо керек дедим. Ушул сыяктуу ойлор менен алышып отуруп, аркамды карасам, байкемдин үйү көрүнбөй калыптыр. Бирок алдыда дагы көп жол жүрөөрүмдү сезип турдум. Бир маалда көзүм карангылап, буттарым баш ийбей баштады. Оорум күчөп кеттиби, ачка болгондукубу же дарыны көп ичип койдумбу деп коем. Буттарымды сезбей, жерге тоголонуп кеттим. Турууга аракет кылдым, болбоду. Көздөрүм жумулуп баратты... Жалгыз гана алыста өтүп бараткан поезддин дабышы кулагыма угулуп атты...
Бирөө бетке чапкылап, денемди жулкуп атканынан көзүмдү ачсам, Марат байкем экен....
****
Станцияга алып келди да, үйдүн жанындагы сарайга камап койду. Унчуккан жокмун. Көзүмдү катып эле бир бурчка барып отуруп алдым. Жеңем: “Улукту эмне сарайга киргизип койдуң?” – деп ызылдап баштады эле
Элинаны көтөргөн боюнча чуркап кетти. Ыйлагым келди. Бирок мен ыйлай албайм да. Ичимди өрттөп атса дагы ыйлай албадым. Жөн гана колума таяк алдым да, отуруп алып жерди акырын чапкылай баштадым. Барабанда ойногон кишилердей чапкылайм, бирок бир таяк менен, бир ритмде. Элдер көз жашын төгүп күйүтүн билдирсе, мен жер чапкылап билдирем. “Жебе!” деп кайталап, жерди чапкылап отура бердим.
Сарайдын эшиги ачылды. Мен дагы деле жер чапкылап отургам. Байкем экен. Жулунуп кирип, желкемен өйдө көтөрдү.
АЯГЫ

- Жап оозунду!! ! Жакшылыкты түшүнгөндү үйрөнгүчө ушул сарайдан чыкпайт! Жардам берем деп да ойлобо!! ! – деп кыйкырды, жини менен жерге түкүрүп басып кетти.
- Улук байке, сен каякка барып келдиң?
Элинаны көтөргөн боюнча чуркап кетти. Ыйлагым келди. Бирок мен ыйлай албайм да. Ичимди өрттөп атса дагы ыйлай албадым. Жөн гана колума таяк алдым да, отуруп алып жерди акырын чапкылай баштадым. Барабанда ойногон кишилердей чапкылайм, бирок бир таяк менен, бир ритмде. Элдер көз жашын төгүп күйүтүн билдирсе, мен жер чапкылап билдирем. “Жебе!” деп кайталап, жерди чапкылап отура бердим.
Сарайдын эшиги ачылды. Мен дагы деле жер чапкылап отургам. Байкем экен. Жулунуп кирип, желкемен өйдө көтөрдү.
- Менин кызымда эмне күнөө!!! Аз калды!!
- Ата-энени удаа-удаа жоготуш сага эле кыйын дейсиңби? Алар менин да ата-энем болчу!
- Топуракты чогуу туруп салдык эле го... Эми алар жок, мойнуңа алышын керек!!!
- Мен апамдарга кетем, - дедим.
- Жогол! !! Экинчи көзүмө көрүнбө!! !
- Улук, токто!!
АЯГЫ
Билдирүүнү түзөткөн: adilet_rc: 15 Июль 2016 - 15:20
#8 15 Июль 2016 - 15:27
Бир дем менен окуп чыктым.Бул чыгарма мени кадимкидей бирөөнүн жан дүйнөсүнө жетелеп кирип чыкты.
Мыкты жазылган!
Мыкты жазылган!
#9 15 Июль 2016 - 15:48
Эн сонун жазылыптыр.
ошондо байкесинин кызынада оору жуккан болобу?
#10 15 Июль 2016 - 16:01
#11 16 Июль 2016 - 03:08
Баракча 1 - 1