Кечээ мен бир өлумдөн, тоюс жүрөк жарылуудан аман калбадымбы. .. Кантиппи?

Бир аптадай болуп калды, үйдө жалгызмын. Жыл сайын ушул мезгилдеги окшош көрүнүш. Көнүп деле бүткөм. Бирок жаштыктын курчу тая баштаганбы, карылыктын демиби, кечээ уууух! күн болду. Нарындан иним менен келиним келген, балыгын-кымызын артып алышып... Балыкты кууруп беришти, анан шашылыш кайра жолго чыгып калышты. Соң-Көлдүн даамдуу балыгынан жеп, саамал кымыздан ууртап, адатымча дорамалардын бирин жалдырап көрүп отургам. Анан эле "тттаааххх! !!" деген үн чыкты. Ордуман атып туруп, ашканага барсам, андан аркы балкондун терезеси чоң ачылып туруптур. Ичимден "өлдү, үйгө бирөө кирип алыптыр" дедим. Дароо колума бычак алдым да, ар бир бөлмөнү кинодогу полициядан беш бетер тинтий баштадым. Эч жерде, эч ким жок. Оюма түркүн жаман келип, акылдуу неме окшойт, бир жерде жашырынып, үйдө канча адам экенин байкаштырганы жатат го дедим. Таппадым. Кайра дорамага келдим. Анан жыт келе баштады, алкоголдун. Жаным тынбай "туй! алкаш кирип алыптыр" деген ой келди. Карадым, карадым, жок! Бирок көңүлүм тынчыбай койду. Бычак менен отурам...

Өмүрү коркконумду билдирип көрбөгөнүм үчүн бирөөнү чакыруудан уялдым. Анан иниме СМС жаздым "үйгө бирөө кирип алды окшойт, бөлмөдөн чыга албай отурам" деп. Заматта учуп-күйүп келип, эшиктен таш көтөрө кириптир. Үйдү үч көтөрүп, "алкашты" издеп... Жок! "Ишенбесең, жыттанып жатат" десем, ал чуркаган бойдон барып муздаткычты ачты. А, көрсө! Каткырбагыла ээ? Бая Нарындан келген 5 литрлик кымыздын желим бөтөлкөсү жарылып кетиптир да!

Мээ, саган! Бир саат жуудум окшойт, анан муздаткычты!
Ичимден сөгүнүп жатам "кекиртегиң менен жерге кир! кымыз ичпей тынчып кал" депчи. Анткени дайыма кымызды мен суратып жатып алдыртам да! Кокустан жүрөгүмдөн кетип калсам, эмне болмок? Ит эле болмок, биздикилер! Анткени, калганы, тоюс мени жалгыз калтырган күнөөкөрлөр, жайлоого кымыз ичишкени кетишкен да! Уф, кыскасы, экинчи кымыздын атын атагыс болдум...
