Суперстан: "Байчечек", Мурза Гапаров - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Байчечек", Мурза Гапаров (Аңгеме)

#61 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Май 2014 - 20:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Чего носы повесили? Лучше помогите мне! Теперь они зашевелились. — Ой, жив! — закричал кто-то из них.Все трое подбежали ко мне, помогли подняться. — Уф!..

Сүрөт Ребята смотрели на меня с восторгом, будто на космонавта, который только что приземлился. Даже Сапар. Вот когда я удивил его!

— А мы думали, что ты… — начал было Эркин, но замялся.
— Знаю, — прервал я его. — Вы думали, что меня задавило. Кенеш стал стряхивать пыль с моего рукава. Эркин и Сапар тоже начали стряхивать пыль с моих брюк. А я стою перед ними такой важный, гордый. — Как это получилось, просто непонятно, — говорил Кенеш. — Вдруг вижу, что ты…— «Получилось, получилось»! .. Это я сам нарочно сделал так! — глазом не моргнув, ответил я.— Ну да?Сапар смотрел на меня во все глаза. Эркин и Кенеш даже рты разинули. — Я хотел вас испытать — придёте вы на помощь или нет. А вы не помогли. У вас заячьи сердца. С вами в разведку ходить нельзя. — Мы побежали к тебе, но не успели, — начал оправдываться Сапар. — Настоящий джигит успел бы. Он бросился бы под поезд, чтобы спасти человека. Они виновато молчали. А я вдруг почувствовал, как по моим щекам покатилась тёплые слезинки. Я отвернулся, чтобы ребята этого не заметили. — Эх, если бы я был на войне, показал бы врагу! — выпалил я первое, что пришло на ум.* * *На следующий день джене получила телеграмму из Фрунзе. Это Сапара вызывали домой. Мы — Кенеш, Эркин и я — провожали его до разъезда. Мы стоим на земле, а Сапар — в тамбуре вагона. Уже стемнело.

Мы молчим. Как будто всё уже сказано. Сейчас поезд тронется, и Сапар уедет… И тут я почувствовал, что мне нужно сказать ему, что я виноват перед ним, что был плохим товарищем и многое сейчас понял. Но было уже поздно. — До свидания! — Сапар замахал нам рукой. Мы тоже махали ему.Мы смотрели вслед поезду до тех пор, пока огни его не потонули в темноте. Мне стало грустно и тоже захотелось уехать куда-нибудь.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 05 Май 2014 - 20:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Май 2014 - 20:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

http:/ /kinofilms.tv/...-predkov/ 42036/

Сүрөт
Название: Долина предков

Длительность: ∞ мин.

Рубрики: Боевик, Отечественные

Год: 1989

Производство: СССР

Режиссёр: Кадыржан Кыдыралиев

Актёр: Даркуль Куюкова, Мухтар Бахтыгереев , Расул Укачин, Бахадур Алиев, Джамал Сейдакматова

Сценарий: Мурза Гапаров

Оператор: Хасанбек Кыдыралиев Рейтинг Сүрөт 0 КиноПоиск: 9.67 Рейтинг сайта: 6.2

Просмотров: 1939


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Aitunuk   05 Май 2014 - 20:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Баарыңыздарды Мурза Гапаровдун сценарийинин негизинде тартылган фильмди көрүңүздөр демекчимин.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 05 Май 2014 - 20:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Aitunuk   07 Май 2014 - 21:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Мурза Гапаров (22.03.1936 - 2002, июнь)
Коштошуу

Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Эңилип эшик ачып, төрүңө
төрөлөрдү отургузуп
Качангача кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп
Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата-Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам…
(2001-жыл, май)

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 07 Май 2014 - 21:21

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   abaychik   11 Июнь 2014 - 17:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 25 Июль 11
  • Соңку аракети: 22 Июл 2014 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош, Сочи

Айтунукка чооң рахмат!
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Aitunuk   12 Июнь 2014 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения abaychik (11 Июнь 2014 - 17:50) жазган:

Айтунукка чооң рахмат!


Ажайып чыгармаларды жазып кеткен Мурза акеге рахмат. А мен тек гана көчүрүп койдум, бир аз убактымды коротуп. Чарчаганыңызда "Айгүл тоого" чыгып, күч-кубат алып туруңуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Aitunuk   19 Июль 2014 - 14:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Сулуулукка чакырган Мурза Гапаров
kmb3 23 Март, 2009 Адабият

Нооруз күнү таланттуу жазуучу, биздин газетанын биринчи редактору Мурза Гапаров туулган. Совет учурунда Нооруз майрамы куугунтукталып, эл унутуп калганда анын кандай болорун, кантип майрамдаларын да ушул Мурза Гапаров жазып чыккан. Азыр эми бизге Нооруз кайрылып келди, жазуучуну болсо ээсине бердик. Бул макала Гапаровдун жан досу Кеңеш Жусупов тарабынан 1986-жылы жазылган, биз ошол макаланын бир үзүмүн сиздерге тартуу кылууну эп көрдүк.



Кеңеш Жусупов

Алда, Түштүктүн жазы ай!
Көргөн да бар, көрбөгөн да бар
Түштүктүн жазы Ата Журттун башка аймагына караганда кыйла эле эрте келет. Жашыл тоолордун этегиндеги алча, гилас, алма шагы аппак, мала кызыл, саргыч, көгүш гүлгө оронуп, чымчык менен аарысы бакка батпай ызы-чууга түшүп, теребелди ого бетер шаңга бөлөйт. Торгой безенген талаага соко түшүп, жер коңторуп, буу чыгып, алыстан караганда кишиге жашыл түзөңдү кимдир бирөө кара боек менен чийип кеткенсийт. Чар тараптан жаздын илеби буруксуйт, гүлдүн жытыбы, чөптүкүбү, айтор адамдын көңүлүн ээленткен ырайымдуу табияттын кереметтүү күчүн ошондо бир сезесиң.

Кантип анан бир жыл бою, үч жүз алтымыш күн күттүрүп сагындырган ошол жаз айын эңсебейсиң! Мен кыш бою жазды самай берем. Жаз жөнүндө жазган акындардын, достордун ырлары эске түшөт. Ага деле алымсынбайм да, чын курандын башында Чүйгө он беш, жыйырма күнгө кечигип келген жазды эртелеп тосуп чыккым келет. Жазды көрүүгө Ошко жөнөп кетем. Окурманым, караңызчы, мобул кол жеткен жерге эмне үчүн барууга болбосун! ? Табийгат сулуулугуна көз тойгузуп, кумарды жазып алсаң, канчалык кубат аласың, не деген жыргал-ырахат! Ушу чындыкка бир ынандым: дүйнөнүн булуң бурчундагы ашкан кооз жерлеринен Ата Журттун керемет сулуулугу кем калышпайт экен. Анын көз тойгус эң кооз жерлерин санабайын. Ансыз деле ишенерсиз. Чындыкты моюнга алалы, табият сулуулугун көрө албаган, жаза албаган, тарта албаган, баалай албаган айып, аны улутубуздун маданий байлыгынын көнүмүш салтына айланта албаган бечелдик, өзүбүздөн экен. Ыраакы Чыгышта, айрыкча, жапан калкынын биздикиндей эле өрүгү, гиласы, алчасы чачырап гүлдөгөн маалды, гүлү түшкөн кезди майрамдаган каадасы бар. Ал эми майрамды көрүш үчүн бир канча чакырым жерге жөө-жалаңдап жабыла дегдеп келишет дешет. Ырас, ар бир элдин салты-санжырасы ар башка. Антсе да, табияттын ажайып сулуулугун туюу, сезүү, ага моокум кандыруу — ортодогу коюлган насипке окшош, ар бир пенденин пешенесине тең жаралган шыбага эмеспи. Ботом, биздин да башкалардай жүрөгүбүз, көзүбүз, кулагыбыз бар. Ошондуктан, Ата Журттун сулуулугун, кооздугун көрө, сүйө, баалай билүү — ар бирибизге парз го. Орустун мыкты жазуучусу К.Паустовский мындай деген эмеспи: «Табиятка суктансаң, аны сүйгөндүк эмеспи. Ал эми табиятты сүйүү — улуу Мекенди чыныгы сүйгөндүктүн жана ага өтө берилгендиктин белгиси».

Баса, Ош жөнүндө сүйлөшүп жатпадык беле. Ошко баруу оңой эле. Самолётко билет аласыз. Самолётко отурасыз. Болду, жолоочулукту башынан көп өткөргөн бир досум айткандай, «оозуңдагы момпосуйду соруп бүткөнчө, самолёт Ошко жеткирип коёт».

Ошентип, туз буйруп, Ошко сиз мене жөнөп калдык дейли…

Эми, окурманым, мындан аркы сөз кыял эмес. Ушул жерден сөз кыябы келгенде сырымды ачайын. Жанатан бери сизди сөзгө ээрчитип келгеним — жазуучу М.Гапаров жөнүндө айткым келди. Жазуучунун замандашы, калемдеши, досу катары, анын жазуучулук өнөрканасынын сырын билгенимче кыскача баян этейин.
Мен Ошко бараарда дайыма жазуучу Мурза Гапаровду эстейм. Ал Түштүктө жашайт. Жазды бизден мурда көрөт. Туура кылды, жазуучу деген көксөгөн жеринде жашап көрүш керек да. М.Гапаров далай жыл мага окшоп эле Фрунзе шаарында жашап жүрдү. Маектешкенде экөөбүз тең табиятты, балалыкты, айылды, анын адамдарын эңсеп, алардан алыстап кеткенибизди сүйлөшө кетер элек.

Сиз деле окурманым калыс болуңузчу, айылдык адамдарды, алардын турмушун, тагдырын билбесең, алар менен аралашпасаң, шаарда кадалып отуруп, кантип чыгарма жаза аласың!? Мүмкүн жазарсың деп эле коелу, канткен менен аның көлөкөдө өскөн чөптөй алсыз, жан-серек болуп калат да…

Самолётко баратып, М.Гапаровдун жазгандарын эскеремин. Самолёттун терезесинен кең дүйнөгө карайм да, жазуучунун «Байчечекей» деген аңгемесинин каарманы Кыяз эске түшөт. Жазуучу менин азыркы сезимимди эбак жазып койгон: «Самолёт бар болгону элүү мүнөт гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, Түндүк менен Түштүк бөлүп турган тоолордун үстүнөн өтүп баратканда жүрөгү (Кыяздын) туйлап кетти…»

Ушул «Байчечекей» деген аңгемеси «Ала-Тоо» журналына басылганда акыркы төрт сүйлөмү түшүп калганы үчүн М.Гапаров абдан кейип жүрдү. Аңгеме төмөнкүчө бүтмөк: «Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесил оор булуттар калкып жүрөт».

Жазуучу түшүп калган жогорку төрт сап сүйлөмгө эмнеге ушунчалык нааразы?! Миңдеген сөздү оюнан чыгарып тапкан сөз чебери үчүн төрт сап кеппи?! Окуганда алар анчалык деле маани бере турган окуя эмес го?! Башкасы деле чыкса жетишпейби дээрсиз.

Кеп мында: М.Гапаровдун искусствого, адабиятка өз өнөрканасына мамилеси ушундай: куду бак өстүргөн багбанга же жез чеккен уз чеберге окшоп, колдогу эмгегине өтө этият, кылдат. Ал ар бир сөзүн, сүйлөмүн, окуяны, кейипкерди орду-ордуна кынаптап, уста кирпич койгондой, ушунчалык бапестеп тизет. М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» деген повестиндеги бир сөздүн түшүп калганына кейигенин уктум. Аны жооткотсом, айтканы эсимде: «Эгерде менин үйүмдөн ошончо кышты сууруп салса, тамым урап калбайбы! »

… Аңгыча, Ошко келдиңиз деп коёлу. Жаз — периште сизди кучагын жайып тосуп алат. Алда, Түштүктүн жазы ай! Көргөн да бар, көрбөгөн да бар.

Түштүк табиятынын чебер сүрөткери
Жаздын түштүккө келишин, анын ажайып сулуулугун жазуучу М.Гапаров ашыгындай көп айтып, мындан он жыл мурун мени далай үгүттөп, чакырып жүрдү. Адегенде мен анчейин ынанган эмесмин. Кийин Түштүккө барып, жаз айынын тоолорго, талааларга сыйпаган боегунан улам, бадамдардын, өрүктөрдүн, алчалардын, алмалардын гүлдөрү ачылган, торгой, сүтак сайраган маалды көрүп, анын кереметине ынандым. Мурза улам чакырып, жетектеп жүрүп Арсланбаптын, Кара-Алманын, Ноокаттын жадыраган жазын көрсөттү. Бул табият менен кыска жолугушуулар өмүрүмдү узартып койду, каниет алдым. Көңүл чөккөндө, ооруганда, жаман ой келгенде мен ажайып жазды, сулуу Түштүктү эстеп, санаадан алаксып кетем. Түштүктүн сулуулугун, жазын, М.Гапаров айтканынан да, анын жазганы суктандырат. Аны мен Түштүк табиятынын чебер сүрөткери дээр элем. Ал Ата Журтубуздун бир бурчунун кооз табиятын даңазалап, эмгекчил элинин кулк-мүнөзүн, рухий дүйнөсүн көркөм бейнелер аркылуу ачып, журт алдына ажайып көрсөтө алды. Анын түзгөн бейнелери эсте каларлык, бири-бирине окшобогон, ажарлуу, карапайым келет. Алар бирде уяң, бирде ичке сырын катпаган даалдаган ак көңүл, салтты сактаган, башкаларга окшобогон кызык дүйнөсү бар, адилеттүү, адептүү, ыймандуу, бирин-бири баалай, сүйө билген, сезимдери таза, назик, кыялкеч, сергек адамдар.

М.Гапаров мага Түштүктүн сулуулугун ачып берди. Жакында жазуучунун «Кара-Көлдүн каздары» деген китебин кайрадан окуп чыктым. Мына, анын Түштүктүн жазы жөнүндө жазгандары:

«Ал таенемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түңкүсүн тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эрип, кеч күздөн бери биздин бакта түнөөчү таандар учуп кетишкен. Тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөп, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш бою кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү. Тооктор күнөстүү дубалдардан чымын тутуп жешип, же алыскы аңыздарга оттоп кетишчү. Биздин таргыл мышык, эртеден кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып отуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы таенемдин чимирилген ийиги менен ойночу… Анан ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем… Ошол замат аппак булуттардын арасында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийин тийгизишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм» («Газала»).

«Жаз келгендиктен асман көгөрүп көрүнөт. Жаш гиластар жана сирендер чатырап гүлдөшкөн. Учуп-конуп жүрүшкөн чымын-чиркейлер, бал аарылар ызылдашып, кулакка кандайдыр алыстан-алыстан угулган бейтааныш күүнү жеткирет» («Турналар жазда келишет»).

«Бир жолу аттарыбызды бизге караштуу өрүкзарда багып калдык. Өрүкзар калың эле. Өрүктөрдүн тегиз гүлдөгөн мезгили. Асман туптунук, айдың. Мурдуңа жаш чөптүн, өрүк гүлдөрүнүн жыты буруксуйт. Бактын өзү кандайдыр сырдуу, жазгы тынчтыкта үргүлөйт» («Газала»).

Арсланбаптын жер-жемишинин ширесиндей таттуулук
Эсимде, М.Гапаров кайсы бир жаз күндөрү окуясы токойдо өтө турган повесть жазууну эңседи. Ал токой жөнүндө жазган жазуучулардын китептерин окуганын айтып берди.

Чыгарманы баштап келип, кайра жазганына ыраазы болбой, токтотуп коюп, кыжалат жүрдү. Мен Мырзанын кээ бир кездерде табиятты жаза албай атам деп кыйналган күндөрүн көрдүм. Чыгарманы ал дароо жаза салбасын байкадым. А күндөрү өзүн ошол табиятка карата «таптаар» эле, поэзияны окуп, музыка угуп, сүрөтчүлөрдүн тарткандарын көрүп жүрдү, а тургай сүйлөшкөндө да сөздү ошол кызыккан табият жакка буруп турду.

Деле М.Гапаров чыгарманы бел байлап, бир отуруу менен акырына чыкканды сүйөт. Ошондо анын сарсанаасы эле чыгарманы бүтүү болот. Аны экинчи жазбачудай, акыркы саам жазып жаткандай киришет. Кээде сүйлөшүп атып, күбүрөп да калат. Ойлойсуң: ал чыгарма менен жашап атат. Ал айрым бүтпөй калган аңгемелерин, мазмунун, идеясын айтып кирет. Убакыт жетпегендиктен эмес, аларга бир окуя, мүнөз, табияттын көрүнүшү жетпей атканын айтат.

… Жолугушуудан кийин бир далай күн өткөн, М.Гапаров далайды жазып койду го деп жүрдүм. Кайра жолуктук. Ал болгону эки-үч абзац жазыптыр. Мурза Сезанндын сүрөттөрүн карап, суктанып отуруптур. Анын сөзүнүн көбү Сезанн, сүрөтчүлүк өнөр, табият жөнүндө болду. Үйгө келип, Сезанн жөнүндө жазуучу Э.Хемингуэйдин «Жазуучулук жөнүндө» деген чыгармасында айтканын окудум: «Ник табияттын бир көрүнүшүн кудум алдындагы Сезанндын тартканындай жазгысы келди. Бул үчүн аны өзүнүн жүрөгүнөн сыгып чыгарыш керек да. Башка эч нерсе аралжы боло алмак эмес. Азыркыга чейин эч ким эч качан табият сулуулугун андагыдай жаза албады. Бул бир ыйык нерсе. Ушунчалык азаптуу иш эле. Андыктан өзүң менен кармашып жеңишиң керек. Өзүңдү көзүң менен жашай, көрө билүүгө мажбурлоого тийишсиң».

Күз күндөрүнүн биринде М.Гапаров Арсланбапка кетип калды да, андан сүйүнүп келди. Көрсө, өзүнүн каарманынын өмүрү өткөн жерге барып, токойду аралап, жаңгак терип, эл менен аралашып, олжолуу кайтыптыр. Байкадыңызбы, жазуучу үчүн сулуулукту табуу, аны шайкеш келтирүү оңойбу?! Анан да, жазуучу дегениң, ашык болбосо дагы кайталап коёлу, өз башынан кечиргенди жакшы жаза алат экен.

Көп өтпөй жазуучу повесть бүткөндүгүн айтты. Чыгарма журналга басылды. Табият сулуулугун баяндаган повестин ыраазычылык менен окуйсуң: «Терезеден, эшиктен айдын нуру төгүлүп турду. Анын жарыгында жарганаттар бирде үйгө, бирде тышка карай каршы-терши зыпылдап учуп жүрүштү. А эшиктен көрүнгөн токойдун төрт бурчтуу тилкеси айдын нуруна көшүлүп үргүлөп турат. Мемиреген тынчтыкта шаркыратма гүрүлдөйт».

«Чексиз токой түшүрүп жымжырт турат. Бир айдын ичинде анын бариктери текши күбүлүп, боппоз болуп жылаңачтанып алды. Эми анын арбайган шактарында ар түркүн канаттуулардын эсепсиз көп уялары гана карарат. Жердин бетинде болсо, мурдагыдан калган газан (дарактардан түшкөн жалбырактар) калдыңдады, а анын арасындагы жаңгак азайып, эл жаңгак терген кыштактан узак, узак жактарга тентип кетишчү болду».

Бизге бул табияттын көрүнүшү, окуянын мазмуну мурдатан тааныш сыяктуу. Бул табияттын көрүнүшүн, жаз, күз жөнүндө М.Гапаров мурда да жазган. А, бирок жазуучунун күчү ушунда окшойт — ал баягы табиятты, чындыкты, көрүнүштү жаңыча көрүп, башка боек таап, поэтикалык чеберчилик менен кайрадан ажарын ача алган.

«Zaman-Кыргызстан», 20.03.2009-ж.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 19 Июль 2014 - 14:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 18:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

<font size="4"> <br></font> <font size="4" face="Arial" ><b><br> </b></font>

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 18:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 18:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Абдыкерим Муратов. “Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров”
kmb3 25 Март, 2014 Адабият , Билим



file:///C:DOCUME~19335~1LOCALS~1Tempmsohtml11clip_image002. jpg

Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр

эсселер
Таланттуу жазуучу жана драмачы Мурза Гапаровдун ажайып дүйнөсүнүн айрым жактарын ачып берген бул сүртүмдөр менен адамды жана адабиятты ардактаган атуулдар таанышып койсо деген ниеттебиз.
автор




Фудзи тоону кар баскандай кыроолонгон чачтар ай…

«Көчө» киносун көргөнбүз, ошо бүтөрү менен Ноокаттын «Улуу-Тоо» кинотеатрына ак чач жигит чыга келди. Ошондо биз, мадыра баштар, көрдүк тирүү жазуучуну. Кино бизге абдан жакын эле: айылыбызга окшош айылдар, классташтарыбыздай өзбекче көйнөк-шалбар кийген Малике, кудалашуу, короз уруштурмай, ашар, гүвалак, ашыглык, шыпыргычы, бешикчи, «Эй, аппагым, сен менен өттү жаш чагым…» деп ырдаган Аваздын ыры – баары-баары бизге ушунчалык жан дүйнөбүзгө бап чыгып калбайбы… Анда билбейбиз да кинону режиссер, оператор, актерлор, композитор, сүрөтчүлөр, монтажчылар толуктап кетерин, ушунун баарын ушу киши өзү ойлоп чыгыптыр дептирбиз.

Шондо уктум Мурза аканин атын, шондо көрдүм Мурза аканын кыроо баскан суйдаң чачин…

Кийин Мурза акани билгени-билбегени баари эле аваз кылып айтип атышты: бирөөсү ага тага, бири жээн, бири карындаш-урук экенин гап урса, бирөөсү классташтыгын айтат, бири самоордон (чайкананы ушинтишет биздикилер) чогуу чай ичишкенин, дагы бири Боронзодо чоң окууда бир-эки курс алды-кийин окуганын айтып мактанып жүрүшчү.

Бадам гүлү сакуранын гүлүндөй…

Оштон Ноокатка ар ишембиде акыркы парды асып коюп ата-энебиздин алдында бир түнөп келүүгө каттап турчу студент кезибизде Доңуз-Дабандан күшүлдөп зорго көтөрүлгөн сары автобус анан ары сагындырган Ноокаттын абасына сиңип, Өсөрдү карап ылдыйышка кулаган коңуздай тез кетчү жолдо автобуска эшигинен-тешигинен кирген адамдар эми айнектен жабыла бир жакты карап калышты. «Жазуучу», «Чечмелик», «Карагыла», «Мурза», «Гапарүп» деген үндөр чыга түштү. Карасам, жолдон ары жан боордо ак, анан бир аз көгүшпү, иши кылып, майда гүлдөрү бар, ошол жайнаган ак бадырак гүлдөрү менен бутак-сөңгөгүн париктари басып койгон тандырдай бадамдын жанында тандырдай алоолоп Мурза ака туруптур. Сүрөткө түшүп атыптыр. Мурза ака менен бадам окшош эле: аппак чачы бадам гүлүндөй, бадам гүлү Мурза аканин чачындай…

Ошерден өткөн сайын ошо бадамды карап калам, жыл сайын бир-эки жума гүлдөп турат, анан мезгилге көркүн уурдатып коет. Мурза аканин ошо сүрөтү чыктыбы-чыкпадыбы, өзүндө барбы-жокпу, билбейм, автобустагы менден бөлөк кишилерде бадамдын жанындагы жазуучунун элеси турабы-турбайбы, аны да билбейм, а менде ошо сүрөт жүрөт, ал кагазда эмес –көзүмдө. Каалаган күнү, каалаган мүнөттө ошол элести ошол-ошол бойдон көрө алам. Оо, кийин билдим, Мурза ака Жапондун жапалак тоолорунда туманда адашып, арыгы деңиздин айбатынан, шапатасынан, гүлдөгөнүнөн бирде коркуп, бирде элес-булас көрүнүп-көрүнбөй сакура гүлдөргөн учурда ошол гүлдөрдүн астында жүрүүнү самарын…

«Бөтөн таканын изи»

Көпчүлүк жазуучулардай эле М.Гапаров да адабиятка китептик таасир менен келди. Бир жолу жаңы эле студент болгондо аларды поезд менен Фрунзеден Ташкен аркылуу Жалал-Абадга пахтага алып жөнөйт. Колуна кайдан-жайдан «Комсомольская правда» газетасы тийип калат. Анда Алжирдин Франциянын колониясынан бошонуу аракети үчүн согушуп жаткандыгы айтылып, ошол эле жерде көгүчкөн менен ойноп аткан баланын жана такасына фашисттик эн белги тартылган аскер адамынын өтүгү тартылыптыр. Ушул сүрөт катуу таасир эткенби, купенин экинчи кабатына чыгып, окуучунун чакмак дептерин толтуруп аңгеме жазат жана анысын «Бөтөн таканын изи» деп атайт…

«Кадыр түндө» ыйманга чакырып…

Анда биз бала элек. Мурза ака жаш. Ош кыргыз драма театрынын ооматтуу жылдары. Оо, айтып түгөткүс ширин кездер, Ак-Буурага чубалып түшүп турган мажүрүм талдын саясында, дарыя шапатасында көк чайлашкан пайиттар, ширин гаптар, көздөн жаш чыгарган аскиялар, сай бойлогон гөзалдар…

Анда театрда Мурза аканин «Кадыр түн» деген пьесасы жүрүп калды.

Караң калгыр, кайда эле, мурда мындай жүрөккө жакын турмуш лирикасы да, романтикасы да, трагедиясы да, ирониясы да, адамдын ыйманын сынаган мелодрамасы да аралашкан – баары мамыр-жумур бириккен жан дүйнөнүн жаңы ачкычы. Премьера күнкү Мурза аканин кучагындагы гүлдөр. Жапжаш, ак чач жазуучуга тигилген көздөр, ошондо эчен киринелер кирип, сук өттү го Мурза акага. Биздин курсташ кыздар кетчү, ичти ачыштырып, алаам кылып, оюн көргөнү, оюндун артынан авторго гүл бергени, алар жөн кетпей «бүгүн төртүнчү…бешинчи… марта кетип атам деп кетишчү «Кадыр түнгө». Артынан биз жөнөйбүз салпактап, болгон тыйынды кагып. Кайра-кайра «Кадыр түндү» көрүштөн жадачу эмеспиз. Өзгөчө эң таланттуу актер Бекин Сейдахматов Артык болуп чыкканда кол чаап жиберчүбүз…

Ошол жылдары Оштун борборунда, жакабелдеринде кыргыз драма театры эпсиз узун эшалонду сүйрөп алып бараткан паровоздой, Мурза ака жазган Памирдеги «ак поездей», короону баштаган эркечтей, колду жоого баштап кирген туу көтөргүч – алтандай вазийпа аткарды. Ошондогу Оштогу ар кыл окуудагы, жумуштагы кыргыз жаштары кийин, мына азыр рухий жактан канчалык байысак, ошол байышыбызда биринчи ролду Ош кыргыз драма театры аткарды. Ошол театр – паровоз эшалондун эң башкы машинисттеринин бири Фрунзеден кудай биз үчүн боор ооруп айдап барган таанымал жазуучу, али жаш дебютант-драмачы, келин-кыздардын көзүн өзгөчө күйгүзгөн күл түспөл муруттуу Мурза Гапаров эле…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 18:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 18:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 18:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 18:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Жалгыз аяк сокмо жол, таененин «университети»

Кайсыл гана адамды болбосун, анын ичинде сүрөткерди жакшы билүү үчүн анын балалыгын жана туулган жерин жакшы билиш ылаазым. Жазуучунун А.Токтомушев менен маегинен үзүп-чолуп алып болсо да Мурза Гапаровдун балалык кезине, айылына бир барып келсекпи деп турам: «…Уруу-уруу болуп жашачу элек. Нойгут, сасык бука, кызылаяк, бостон деп. Ар бир үй чүмкөлгөн кара бактын ичинде жашайт эле. Бир кыштак менен экинчи кыштак, бир үй менен экинчи үй жалгыз аяк сокмо жол менен катышчу.Эки кошунанын ортосунда сокмо жол болор эле. Бир коргондон экинчи коргонго кичинекей арыкта суу агып, бирөөнөн кирип, экинчисинен чыгып турчу. Биз, балдар суудан тутуп жээр элек. Кимдин өрүгү, кимдин алмасы экендигин да таанычубуз…»

«…таятамды Абжапар жүз башы деп койчу экен. Эскиче кат тааныган, дин насаатын улаган, көзү ачык, көкүрөгү тирик киши эле дешет…Таятам ат-көлүгү, курал-жарагы бар, өзүнө окшогон эр көкүрөк жүз жигитти чогултуп, келгиндерге, мындайча айтканда, кызыл аскерлерге каршы ок атып атпайбы…»

«…апам каза болгондо мен үч-төрт жашта болсом керек… Бизди таенебиз чоңойтту. Менин «биринчи университетим» ошо киши болду да. Салттуу, нарктуу, эски замандын кишилеринен эле. Бизди эрке жетим кылып өстүрдү…»

«Үйүбүз эки коргондон турар эле. Коргондун ичи жык толо алма, өрүк, жаңгак, шабдаалы, алча, гилис… кош коргондун артында биздин аталарыбыздан калган кең өрүкзарлар жатчу созулуп. Ал өрүкзарга кош коргондон кош дарича чыгат.

Биздин үйгө бир чоң түп өрүк сөйкөнүп өсчү. Кыштын күндөрү, шамал түндөрү ошол өрүк кычырап, кычыраганы үйдүн ичине кирип турчу эле. А биз болсо үйдүн ичинде сандалди тегеректеп отурчубуз… үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек. Менин колтугумда бырылдап таргыл мышык уктачу. Таенем ташпанардын жарыгында отуруп, ийик ийричү. Кыш ичи эчкинин жүнүнөн же болбосо пахтадан жип ийрип чыгар эле. Жаз келип, күн жылый баштаганда эшиктин алдына таар курат эле».

«Галма чоң энем жеткен кызык, эч кимге окшобогон киши болчу. Тиштерин капкара кылып боёп алат эле. Жаш кезинен ошентчү экен».

«Бир жолу менин колума да кына коё турган болушту. Койгондо да, мага ыштан, көйнөк кийгендин кереги жок сыяктантып, эки колума тең коюп салышты. Суунун болор-болбос шоокумун тыңшап сыртта жатабыз, эже-жеңелеримдин катарында. Эми муну айтса да болот, айтпаса да болот, ошондо жеңелеримдин бирөө кулагыма акырын шыбырап атпайбы: «Кичине бала, уктап жатканда осурбаң, осуруп жиберсеңиз, мынабу кына сиңбей коёт» деп. Мен ошого ишенип алып бекем кысып жатам да. Уктаганга чейин. Уктагандан кийин ким билсин. Бирок эртеси: «Ой,карасаңар, биздикине караганда Мурзага жакшы сиңиптир» деп чурулдап калышканы эсимде…» (Токтомушев А. Унутулбас сокмо жол // Жаңы Ала-Тоо, 2011, №2. –105 – 122-бб.).

Ошентип Мурза Гапаров көктөйүнөн бир жагынан ичкиликтердин салттуу маданиятынын уюткусун өзүнө сиңирди, экинчи жагынан табиятты, адамдарды таанып билүүгө далалаты, дили ышкылуу болуп өстү, үчүнчү жагынан согуштун, жокчулуктун каарын жон териси менен кабылдады. Ушунун баары анын жазуучу болушуна түздөн-түз таасир этти, андагы көрүп-билгендери өзүнө баш ийип да, баш ийбей да чыгармаларына биринин артынан бири кире берди…


«Байчечекке» айланган таене

Кийин-кийин он сегиз жылдан кийинки окуя тууралуу жазуучу «Байчечек» деген аңгемесинде мындай чагылдырат. Ал аңгемедеги Кыяз бул жазуучунун өзү дешке болот. Ошол Кыяз таенеси өлүп, айылга барат. «Жашы отуз бешке келип, ал али өлүм-житим дегенди башынан өткөрө элек болчу, а бул жерде таенеси өлүп жатат. Тигинде бир айылдын эли карап турат. Эмне кылышым керек?» Дал ошондо көзүнөн жаш чыкпай, ыйлай албай, өлүм кайгысын өз башынан өткөрө албай коёт. «Таенеси акылдуу, боорукер адам эле. Өмүрүндө бирөөгө жаман сөз айтпаган, өзү да бирөөдөн жаман сөз укпаган киши. Бул турмушу түйшүктө өттү бечаранын. Балдарым, балдарымдын балдары деп жүрүп, акыры минтип жаны тынды. Кыязды абдан жакшы көрчү. Ар келген сайын аны айланып-үргүлүп, көз жашын көлдөтүп, сагынып тосуп алчу. «Эми сенин балдарыңдын бешигин терметип жатып өлсөм, арманым жок», — дечү дайыма…»

Сөөктү көрүстөнгө коюшат. Кокусунан ошол жерден бир байчечек таап алат. «Энелерин жаңы конушка таштап кете беришти.

Кыштакка кайтып келгенден кийин, эл бирин-сериндеп таркай баштады.

Кечке жуук үйдө алыс-жакын туугандар гана калышты. Кечинде дөңгөк каланган ысык очоктун боюнда отуруп, баарысы кемпир жөнүндө сөз кылып киришти.

-Бечара энем «Кыязды чакыргыла, Кыязды бир көрүп анан өлөйүн» деп жатып, жан берди, — деди атасы.

Апасы бир калта өрүктүн чагылган данегин алып келип, Кыяздын алдына төгүп койду. —Өзү чогултуп, өзү чагып, келсе беремин деп, сага атап жүрдү эле, — деди ал,көзүнө жаш алып».

Кемпирдин үчүлүгүнөн кийин Кыяз кайра шаарга кайтты. «Эки күндүн ичинде тоолордун көрүнүшү эч өзгөрбөптүр. Асты жакта баягы эле апаппак кең мейкиндик мелтиреп жатат… Бирок, бул жолу тоолор да, суулар да, булуттар да Кыяздын делебесин козгободу. Анын көкүрөгү букка толуп, көңүлү чөгүп баратты. Ушу тапта ал бир нерсе ичкиси келди, бирок, ичерге эчтеке жок эле. Чылым чеккиси келип, чөнтөгүнө колун сунду. Бирок, сигарет ордуна, колуна бир жумшак, муздак нерсе урунду. Алып караса, баягы байчечек экен. Байчечек соолуп калыптыр. Кыяз аны ары-бери кармалап, селейип олтуруп калды. Анын көз алдына гөрүстөн элестеди. Бирпаста жүзү өзүнөн-өзү кызарып чыкты, деми кыстыга түштү. Ал жийиркенич менен башын бир чулгап алды.

-Кандай айбанчылык… — деп шыбырады өзүнө-өзү. — Кандай айбанчылык… Кандай айбанчылык…

Ал өзүнүн ушул акыбалга келгенине жаны ачыды. Өзүнө-өзү аянычтуу көрүндү. Өзүнө-өзү боору ооруду. Кокусунан анын көзүнө кылгырып жаш келе түштү. Жаш сыгылып тышка чыкты. Бетинен ылдый жылжып ага баштады…
Кыяз көпкө чейин ыйлады. Ыйлаган сайын, көкүрөгү жибип, ичиндеги бугу чыгып, өзүн жеңил сезип атты. Үч күнү зарыктырып келген бул көз жашка ал абдан сүйүнүп кетти. Какшыган кудугу жибип, ийип, ага кайрадан суу пайда болуп келатты.


Демек, али кеч эмес экен…»

Мына ушул аңгеме бир карасаң, жалпы эле өткөн кылымдын кайсыл бир жылдарында айылда туулуп, анан шаарга кеткен зыялы сөрөйлөрдүн жана аларды узатып ийип кыштакта калган энелердин ички муңу, ал эле эмес трагедиясы сыяктанат, ошол муун барыбыз эле билинбей тамырыбыздан ажырап, же шаарлык эмес, же кыштактык эмес орто жолдо калбадыкпы. Муну ар ким алынын келишинче жазды, айтты, бирок Гапаровчо таасирдүү, таамай айткандарды мен кыргыз адабиятынан башка учурата албадым.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 19:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Сөз менен сүрөт тарткан жазуучу

Мына Мурза Гапаров тарткан Түштүк жазынын, айыл жазынын сүрөтү: «Ал таенемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегеде түңкүсүн тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эрип, кеч күздөн бери биздин бакта түнөөчү таандар учуп кетишкен. Тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөп, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш бою кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү. Тооктор күнөстүү дубалдардан чымын тутуп жешип, же алыскы аңыздарга оттоп кетишчү. Биздин таргыл мышык, эртеден кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып отуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы таенемдин чимирилген ийиги менен ойночу… Анан ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем… Ошол замат аппак булуттардын арасында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийин тийгизишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм» («Газала»).

Элестүү бекен? Элестүү. Кол менен кармап көргөндөй, же көз менен карап эле отургандай болосуң…

«Кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем…»

Мурза акани «узун сөздүн жана кыска аңгемелердин устасы» деп коюшат. Ошондой. Кыска жазат. Анан бирдекени айтып берсе, об-бо, э-эй, узундан узу-уун айтат. Көбүнчө ошонусу жакшы. Бир жолу «Сезим империясы» деген жапон фильминин сюжетин айтыпатат, мен угуп турам, курсак ач, анан кинодо аял ойношу менен оттон ысык болуп кетип, экөөлөп күйөөсүн оо дүйнө кетирип, анан ошо балакет сөөктү жашырар жай издеп аппак карда, тоо-токойду көздөп, бир жагынан маркум айыпсыз күйөөсүнүн өлүгүн алып, бир жагынан тиги оттон ысык ойношту эш тутуп жөнөйт эмеспи, ошондогу узак жолдогу деталдарды айтып атат. Шундай ширин айтат, дүйнөлүк кино шедеври жолдо калат, курсагың да тоёт, Мурза акага суктанасың, ырахаттанасың, баарын таштап туруп раамалык Жолон акечесинен «кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем, шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна» деп Мурза аканин сөзүн ээрчип, өзүн ээрчип, ажайып чөлкөмдөргө дервиш болуп кеткиң келет…

Баса десең, Ж.Мамытовдун «Арсланбап» деген жогорку саптары бар ыры да М.Гапаровго арналган, чамасы эчен жолу акын дилин да табият койнуна ээрчиткен белем…



Сөз

Акын, «Асабанын» кабарчысы Шайлообек Дүйшеев келиптир редакциябызга саарлап биз эми иш баштайлы деп атсак, Мурза аканин дарегин сурап, биз үйүнүн адресин айттык. Кеткен. Акшамда иш бүтүп троллейбуста үйүмө өтүп баратсам экөө кан жол боюнда, Мурза акенин кылбаат жайы болгон Совет көчөсүнүн Физприбор аялдамасынын бетмаңдайындагы бункерден чыга калган эле сүйлөшүп турган экен. Тоо-ба, Күн асманды бир кыдырып чыкканча кеп урушуптур да экөө.



Катарлата ташпанарлар илинген үңкүр-үй

Жылдардын бир жылдарында перестройканын жана жаңы башкан болгон Чыкенин шапатасы менен кыргыз жазуучулары Байтик жактан – жакшы жерден жай бөлдүрүп, дунгандар менен каристердей кыйратып ийе тургансып дача курганга киришти. Эл катары Мурза ака да бир тилим тамарка алды, үй салганга деп анча-мынча ками-көсүн да эптеди. Анан айтып калчу, мен үйдү башкача салам деп, айтуудан, ал үйү жер бетине чыкпайт имиш, кууш, тар тепкичтер менен кирген адам паска түшүп, ным, сыз жыттанган бөлмөлөргө кирет, а ал бөлмөлөр алгачкы доордо жапайы адамдар жашаган үңкүрлөрдөй табигый болот экен, очокто от жагылып, дөңгөчтөрдөн, тамырлардан эмеректер коюлуп, ичин ташпанар чырактар үлбүлдөтүп жарытып, бираазки жээрлерине жин чырактар илинип, жарганаттар, намашам коңуздар, буюлуулар каршы-терши учуп-конуп, адамдарга үйүр алып, бирге жашайт экен. Үстү шифер ордуна – көк чым, ичинен шылдырап пиликтей суу агат…

Ал дача бүткөн жок, жери кайсынысы экенин да билбей калды кийин Мурза ака өзү да…


Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 19:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 19:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Баткакка айран төккөндөй…

«Адамга кылча жамандыгы жок» дешет мындай кишилерди. Автобуста бир аялдама жүрсө да тыйынын төлөйт, бирөөнүн кичине кызматы үчүн кайра-кайра ырахматын айтат, иши түшсө өмүрү адамга жалынып барбайт, өзүн мырза алып жүрөт. Садда киши, камтаркимса. Алтымышка чыгып пенсияга кетээрде мунусунун бир азабын тартты. Бу киши документке жок да, өзүнөн башка ичнерсеси жок экен, пенсияга кетейин десе,башкалар бүт кагаз-куржаттарын тууралап келип, жашы толгон күнү кетет эмеспи, аш-той берип, эл чакырып совет убакта айткандай «ардактуу эс алууга». Мурза ака ошентип «ардактуу эс алууга» кетейин десе, кашайып, иштеген жерлеринен исправкасы жок, же бу киши мурда иштеген жерлерин таппайт, көбүнчө иштеген эмес, анысын тапса, башкасы жок, же бу киши баштык сунуп, бат бүтүрүүнүн амалын билбейт, ошентип Мурза ака пенсияга жарым жыл кеч чыкты. Өзү да өмүрүндө жазуучу аталып канча повесть-аңгеме, пьеса жазса, ошончо кагаз толтурду бейм, жарыктык пенсияга кетем деп…

«…каздарды» кайдан тапкан?

Гапаровдун «Кара-Көлдүн каздары» деген чакан китеби чыкканда сынчылардын бир кыйласы анын чыгармаларында активдүү каарман жок, турмушка басылып калган кишилерди эле жаза берет экен, муну менен социалисттик коомдун жат элементтерине каршы күрөшүп, окурмандарды оң идеалдарга тарбиялоого болбойт деп чыгышты. Чынында эле Гапаров «коммунизмди куруучуларга» үлгү болор адамдарды жазбай, кайдагы бир эч ким байкабас, барк албас кишилерди таап алчу. Аларды кайдан табат, ким таап берет? Мына ошолордун бири тууралуу Алым Токтомушевге кийин өзүнүн айтып бергени: «Хорог деген шаар бар. Аны жарып аккан дарыя бар. Аркы өйүзү Афганистан, бери өйүзү Тажикстан. Ошол Хорогго Дүйшөмбү аркылуу самолёт менен учуп түштүм. Ага бир түнөп, анан Мургабга жөнөп кеткем. Түнөгөнүмдү бекер кетиргеним жок. Шаар аралап, кечинде паркында болдум. Ашканасы бар экен. Ашканасынан жалаң Ош жактанбарган шоопурлар оокаттанышат экен. Вино сатылат экен, арак сатылат экен, башка сатылат экен. Вино заказ кылып, «ээмп» коюп отургам. Нар жагында көмүр-сөмүр, отун-сотун жаккан жай бар экен. Бир тажик жагат экен. Ошо киши оозумду ачырбадыбы: отун-сотунун жагып коюп эшиктин оозуна, босогого туруп алып, мойнунда илинген чоор бар экен, ошону сууруп чыгып, ой, бир кубулжутуп чалып кирбедиби. Көз алдыңа келтирчи, биздин Чуйковдун «Песня Кули» деген керемет полотносу бар, Индия циклдеринен. Кудум ошондой болуп туруп калды. Мен да көзүмдү албай туруп калдым. Оозум аңырдай ачылып турганын а киши да байкады.Чоорун тартып бүтүп, жаныма отура кетти. Келиңиз дедим, отуруңуз дедим. Анан экөөбүз винолоштук да. Атын сурабадым, меникин да сурабады. Экөөбүз жылмайышып винолоштук да, чыгып кеттик» (Токтомушев А. Унутулбас сокмо жол // Жаңы Ала-Тоо, 2011, №1, 168-б.).

Дал ушул киши кийин «Кара-Көлдүн каздары» деген аңгемеге Мургабдагы Кара-Көлдү, андагы жүрөгүнө жакын адамдарды, көл үстүн бербей кыйкуулаган каздарды эстеп, бирок аларга мына барам, ана барам деп, бара албай жүргөн «токойдо ырдап жүргөн мас булбул» өңдөнгөн адам болуп Карамшо деген ат менен каарман болуп чыга келди. Социалдык активдүү каарман болбой калганы менен ал бир тагдырды алып жүргөн пенде катары окурман дилине кандайдыр бир ысыктык берерин чакан чыгарманы окуп хорогдук от жагарды ыраазы боло эстейсиң…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 19:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 19:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

«Эл жазуучусу» атыгып калганда уялганы ай…

«Кыргыз руху» гезитине Мурза аканин Аскар Осмонкулов агайы жөнүндө чакан эссеси чыгыптыр. Майин, элестүү, азил кыпчып, образдуу кылып, өзүн да аралаштырып кызык жазыптыр, бир кезде Ноокатта окуткан агайы, маарекеси өтүп аткан тилчи-профессор жөнүндө.

Куттуктап тилийпон аттым.

-Макала го чыгыптыр, үка, бирок, жүдаа уялып атам, жүдаа эле осол иш болуптур, эми кантип эл бетин карайм, — дейт.

Чочуп кеттим. Тилийпондун зымынын аркы учунда жалгызын атып алган Карагул мергендей не кылар айласын таппаган Мурза ака, берки четинде сый ордуна ар нерсени сыйпалап аткан мен.

- Не чекилик болду? Нени туура эмес жазыпсыз? — Мен да нес боло суроо узаттым, ыраса коркуп кеттим.

-Этегин карабайсыңбы, фамилиядан кийинкисин?

Карадым. Карасам, «Мурза Гапаров, Кыргыз эл жазуучусу» деген подпись турат.

Ошого уялыптыр. Расмий түрдө ал кезде «Эл жазуучусу» боло элек да. А материалды даярдаган редактор аны ошол наамды алган да деп ойлогон окшойт.

Ноокат экөөбүздө эмне айып?

Биринчи жолу М.Гапаров тууралуу алакандай макалам Ноокат райондук «Колхозчу» газетасына «Жердешибиз жөнүндө сөз» деген ат менен 1976-жылдын 13-ноябрында чыккан. Мен анда Ломоносов атындагы орто мектепте иштей баштаганга эки гана ай толгон.

Кийин дагы жаздым, экинчисин. Анда Ноокат районунун Свердлов атындагы мектебинде мугалиммин. Кээ-кээде макалаларды жазып, «Москва» машинкама басып, кудайга аманат деп борбордун редакцияларына салып жиберем. Ошолордун бири Мурза Гапаровдун пьесалар жыйнагы тууралуу «Канткенде адам уулу адам болот?..» («Кыргызстан маданияты», 1984, 12-янв.) деген рецензиям эле. Айылдык авторлор менен иштешип жатабыз дегенге жакшыбы, айтор редакция макаланын астына «Абдыкерим Муратов, Ноокат району» деп койгон. Ноокаттан барган катка Ноокат дейт да. Кийин көп өтпөй Мурза ака жолугуп калып айтып атпайбы, «баары жакшы экен, мени туура түшүнүпсүң, лекин аягына «Ноокат району» дегени саал осол болуп калыптыр» деди. Мен анда ар бир макаламда «Абдыкерим Муратов, Ноокат району» деп турса корстон болчумун, райондун атын чыгарып атамын деп сүйүнчүмүн. «Эми, үка, ар кандай пенде бар да, өзү жаздырган экен, же үкалари жазган экен да» деп ойлошу мүмкүн да… Мен Ноокаттык болбосом да бир жөн эле…» — деп койбоспу Мурза ака.

Мен анда жазуучулардын, анын ичинде өзгөчө драматургдардын бакылдыгы тууралуу ,драма майданына капыстан келип жаткан жаш пьесачы Мурза Гапаровдун орун ала албай «эшик каккылап» турган абалы тууралуу кайдан билейин…



Кошок кошор кошокчу

Эгер учуп кетсе
Уяларын таштап эзелки
Буерлердин булбулдары
Мен алардын ордуна
Кошок кошуп турмакмын.


Ушинтип ырдайт 12-кылымдагы жапон акыны Сайгё.

Мурза ака Бакен Кыдыкеева эже өлгөндө, анын сөөгү он сегиз күн өтүп өлүкканадан табылганда ушундай бир кайгырып жүрдү, сүрөткер адам жөнүндө, анын бүгүнкү акыбалы жөнүндө, өзү жөнүндө «жазамын» деди. Ыйлап жазамын деди, анысын «Өткөн жылдын кары кана?» деп атаймын деди…


Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 19:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 21:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Күнөстүү аралды, кыя жолдорду сагындыңызбы?

Анын чыгармаларында бир каармандар бар, бүгүнкү күндөн караса, таза апендилер, өзү үчүн ич нерсе ойлобойт, ныпым пайда көрөйүн дебейт, мисалы бирөөсү кишилер өткөн кыя жолго өлүп-талып кыйналып, оо кыйла жерден – пастан кумган менен суу алып келип коёт, аны үчүн жанын кыйнайт, бирок ошонусунан ырахат алат, жолоочулар ага ырахматын айтабы, айтпайбы, анысы менен иши жок, иши кылып эле жок дегенде бирөөнүн сообуна жараса болду. Мурза ака ушундай философияны, Чыгышта, тээ илгертен келаткан салттык философияны көрсөткүсү келет, өзүнүн жеке турмушу, чыгармачылыгы да ошол соопчулук, дервиштик философиядан келип чыккансыйт. Бизге – «турмуш» деген түгөт жолдо чарчап-чаалыгып келаткандарга оопастагы күнөстүү аралдын музда-ак суусунан дарыя шоокумун кулакка жаңыртып алып келип, бир кесе суу сунуп, «шуну жут!» деп жуткуруп, «бар, эми, мындан ары жолуңдан калба да, сапарыңды улай бер!» деп камкордук көрүп тургансыйт.

Мырза жашаган Мурза ака

МурзаГапаров деген кыргыз маданиятынын бир түркүгү эле. Чакан аңгемелердин чебери эле, мыкты драматург болчу. Сараң иштеп, мырза жашап, көп окуп, аз жазып өттү бул дүйнөдөн.

Кыргызда илгертеден мырза жигиттер күлүк атты, сулуу кызды жандайт дечү. Мурза ака да мырза жашады, суулугун кемирген күлүк атты да, азыркынын күлүк аты болгон автомашинаны да минбеди, лекин сулуу аялзаты менен кайф кылар шараптан кыя өтпөдү…

«Мен Гапаров деген фамилиямды булгаштан уялам» деп калчу

-Силердин астыңарда – «Учкунда» «ТАА» деген бир театр ачылыптыр, ошонун режиссёру менин, тойус, жеңең өкөөбүздүн битта пьесабызды алды эле, шунун дарегин билип койчу, үка, — деп телефон чалып калыптыр, акыркы сүйлөшүүбүздө. Мен ага «Ош театры сиздин пьесаңыз боюнча коюлган оюн алып келаткан турбайбы, баралы» десем, «мен бара албайм го, үка, бир тибет медицинасы боюнча чөп дары ичип атам, ичти таз-за алып, жанды койбой атат» деп калды.

Анан ошондо телефондон Ош театрынын афишаларындабы же башка рекламасындабы, аялы, авторлошу Галия Гапарованын фамилиясы түшүп калганга, өзүнүн жалгыз жазылып калганына уялып атканын айтты.

Галия жеңе экөө бир нече пьесаны кошо жазышты. Кийинки жылдары жазгандарынын көбүн казак театрлары алып турду, кол акыларын да жакшылап берип атышты.

Мурза ака «Көпөлөктөр өрөөнү» деген повестин жазып жатам деген… Көпөлөктөр ааламын сагынып аткан… Көпөлөк болуп учуп кетти…

Ал Жапан өлкөсүн көп кыялданат эле. Куду ошол Жапан жеринде жүргөндөй элестет эле өзүн, ал ошол жакка кеткендей, сакура гүлдөрүн аралап дервиш болуп кеткендей сезилет негедир мага…

Кушкер тамак кайсыл?

Мурза акадан минтип сурай элекмин: «Жакшы көргөн тамагыңыз кайсыл?» Агар сурасам: «Венгр, молдован, грузин… жок, коё тур, Баткан виносу» демек, «Ай,чыныңызды айтыңызчы?» десем, күлүп туруп «Баткендин шербет виносу» демек да, анан бир жолу баткенчи ашинаси Аскар Ражабали үч литрлик банкелер менен алып келип берип, аны катып алып ичкенин тамшанып-тамшанып айтып кирмек…

Биз, кыргызбайлар…

Мурза ака айтат: — Бу чет элдиктер – америкалыктар, канадалыктар, немистер, жапондор, орустар шунча ажайып тоолорубузду метрме метр аңтарып-теңтерип, кир колу менен кармабай изилдеп чыгышты, космосто жүрөт биздин жерлерге шилекейин куюлтуп сүрөткө тартып… Биз, кыргызбайлар, ошерде эмне кылабыз дебесиңби? — дейт да, суроосуна жооп бере албай көзү кызарып күлүп, кайра-кайра баш чайкап, суйдаң мурутун жанып, кол серпип: — Биз, кыргызбайлар, ошерге сийип отурабыз, — дейт.

Хемингуэй болбой калган Гапаров

Мурза акани журналист кылабыз деп пайгамбар жашында түрктөрдүн «Zaman Кыргызстан» гезитине сүйрөп келдик. Адегенде чыкыйып жүрдү, өмүрүндө мойнун буубаган галстук тагынып көрдү, бирби, экиби, макала да жазымыш этти, биринчи күндөрдө Хемингуэй журналист-жазуучу болгон деп шыктанып да алды. Хем экзотика издеп «кара континентке» кеткендей, мен да бир убакта ошол кишини өрнөк тутуп «дүйнө чатыры» Памирге кеткенмин деди. Эми да эл-жер кыдырып бир эргийм деди. Турмушту өзү көп окуган хемунгуэйчесинен көрүп, шонон кийин жазам деди.

Анан эле гезиттин ишине аралашып, бир аз өтүп, көңүлү ала шарбыттагы адамдын ырабдайындай айныды. Гезит деген тегирмен да, буяктан сала бересиң, аяктан ала бересиң, тынымсыз жазып, чийип, бирөөлөрдүкүн редакциялап, бир аз да эптеп жазылган нерсени пардаздап туруш керек, кыскасы, гезиттин өзүнүн иш ыргагы бар. А Мурза ака андай эмес, аны бирөө тез жаз деп өмүрү шаштырып көрбөгөн, ал киши бир макала жазыш үчүн отурат, бир жума, эки жума, кээде анысын жазбай да калат, жазса да жазганына ичи чыкпайт, гезиттин стилине салып, бизге окшоп, «баратат», «келатат», «болуп өттү…» деп кунарсыз жазгысы келбеди. Өзүнүн жазуу ыкмасын, маданиятын бузуп алып, анан кийинки тагдырын гезиттик стилдин супсак жазууларына тушуктурбады.

Көбүнесе үйдө иштейт. Мурза акадан баш редактор катары биз – же Бектуруш, же мен, суранып калабыз, «бу жөнүндө жазып бериң, а жөнүндө жазып бериң» деп, ал телефондо адегенде баарын кулак салып угат да, анан «ошону жөн эле койгулачы, үкалар» дейт, же «өзүң эле бир нерсе кылып шилтеп салчы, мени кыйнап имне кыласыңар» дейт. Ошентип кутулат, качат. Биз да көнгөнбүз да, уруп жазып таштайбыз…

Мурза акадан журналист чыкпай калды, балким азыркы гезиттердин саясаты да ага тоскоолдук кылгандыр… Бирок ал киши журналистикага келип идея жактан да, стиль жактан да бузулган жок, таза жазуучу бойдон өзүн кармай алды…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 22:02

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Эрте кетип, кеч жетип…

Анда биздин гезиттин жайгашкан жери – филармониянын ичинде, кошуналарыбыз директор Акун Токтосартов жана артисттер. Ишке келген күндөрү Мурза ака сарт бешимде кайпалактап калат, орун басар редактор Сүйөркул Тургунбаевге жакындап, «имне эле жазып атасың, Сүкө» деп. Анан эле экөө шек алдырбай жоголот. Кожоюнубуз Орхан Уста таппай калат. Ошол кезде, 90-жылдардын башында, азыркыдай маршруткалар жок, таксилер жок, узун-узун сары автобустар менен зымга асылган троллейбустар. Аларга оңой менен чыга албайсың, эл тыгылат деп алар да аялдамага жетпей же бир аз өтүп барып токтойт. Мурза ака менен Сүкөм болсо алардын ошонусун билип алып, Белинскийдин Токтогулга жетпеген жеринде турушат, анан токтору менен иштен чарчап, үйүнө шашкан киши болуп түртүшүп түшүп алышат.

Ушундай кыйналып түшүп алганда кайда барат дебейсизби, Шампанкомбинатка жетпеген жерде сай боюнда эндей вино, сыра сатчу, далдоо жерде күнөстө кафе бар – ошого барышат да маза кылып машийат курушат. Сүкөм сүйлөбөйт – угат, Мурза ака сүйлөйт, ичине кызыл вино киргенде ачылып-чачылып сүйлөйт, сөз болуп ээрип,төгүлүп калат…

Үйгө кеч, оо кеч жетет, баягы иштен шашкандар…

Бишкек – Ташкен жолунда

Редактор Гапаров бир жолу чыкыйып кийинип, галстук тагынып келди. Түрк ишкерлери менен Өзбекстанга экономикалык форумга баратканын айтып. Барып келди. Сурабайбызбы, кандай барып келгенин. Айтып атпайбы: Жолдо замырап баратып эле машинабыз токтоп калат,түрктөр намаз малы болду, намаз окуйбуз дешет. Мени да жүрүң дешет, же дааратыңыз барбы дешет. Анан алар машина токтогон жерден солго кетсе, мен оңго кетем, алар оңго кетсе, мен солго кетем. Амирбек үкам аларга кошулуп кетет.Анан ары барамын да, портфелди акырын ачып, жалпак «жөжөнүн» оозун бурап туруп, ичиндеги «бөдөнөнүн сүтүнөн» кичине ээмп коёмун да, алардан мурда келип тыпыйып отуруп калам. Ар намазга түшкөн сайын ушинте берип, Ташкенге жеткенче көп сүйлөп, анан, кысталак, уктап кетипмин…

Душманы жок – душман ашырат

Мурза аканын душманы жок, эл ошентип ойлойт, ошонусунда чындык болгону менен ал калемгерлердин көбүн тоготпойт. Мен кыргыз балдарына дүйнөлүк маданият үлгүлөрүн сабак өтөр мектеп, жаш жазуучулар үчүн өнөркана ачамын деп чамынып жүрдү. А түгүл жанындагы бир кабат үйдүн жертөлөөсүн сатып да алды. Анысын кыялында «Караван сарай» деп атады. Ошол мектебинин программасына кыргызбайлардан Саякбайды гана киргизер элем дегени бар. Ошонусунан жаңылбайт,адабият- маданиятыбыздын герой-перойлорун, мамлекеттик- самлекеттиктерин, «Эл …»деген наамын алгандарын, кыскасы, көбүн теңине албайт, пиво үстүндө ошондой оюн айтып ийет, анан душмандар өзү эле чыгып калат эмеспи. Шол Мурза аканин душмандары да шолор.



Ичти ачыштырган Арсланбап трагедиясы

Ошто студент кезибизде шаар аралап бир каңшаар жүрдү: артисттер Арсланбапта ойноп отуруп, анан бирөө мертиниптир, бечара… деп… Кийин ошол гапти келептеп Мурза ака көркөмдөп, майын чыгарып, өзү көрүп тургансып, маркум менен сүйлөшүп келгенсип, чырайын чыгара трагедия жазды. Ал «Разияны эскерүү» деп аталат. М.Гапаровдун эң мыкты, а балким кыргыз драматургиясындагы терең, жеткилең иштелген турмуш драмасы ушулдур. «Жакшы кыздын багы жок», бечара «Разияны эскерүү, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз» пьесасы сахнага коюлбай калды.

Мына ушуга жама-ан ичим ачышып жүрөт.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 22:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 22:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Эки баш деген – эки баш

Соңку жылдарда драматург Мурза Гапаровдун жанына афишаларда Галия Гапарова деген ысым пайда болду. Бул ким дечүүлөр көп. Жубайы экенин билишет. Бирок баары эле биле бербеген бир нерсе бар. Жеңебиз, бу өзүбүздүн эле Токмокко жакынкы ивановкалык чуваш кызы, дүйнөлүк маданиятты абдан кана окуган, түшүнгөн, эстетикалык табити татымдуу, чыгармачылыкка өнөктөш адам. Мурза ака өзүнүн чыгармачылыгы менен үйүн куруп атса, жеңем пакса урса, Мурза ака ылайкаш. Галия жеңе ылайкаш болсо, Мурза ака паксачы. Биз кичинебизде паксачы менен ылайкаш бири-бирин кандай тандарын, бири-бирин кандай ээрчитип жүрөрүн билип калдык, мыкты салынган үйлөрдү айтчы эмес беле «паксачы – Паланча, ылайкашы – Түкүнчө» деп. Булар ушундай. Мурза ака ой-окуя, драмалык ситуация, конфликттерди табат, айтат, жеңе орусча кылып жазат, редакциялайт, алымча-кошумчаларын киргизет, бир баш деген –бир баш, эки баш деген – эки баш. Дал ошол эки баштан жарык дүйнөгө Айкыз аттуу кыз жаралып, Бишкекте көпчүлүктүн бири катары билинип, билинбей чоңоюп атат, «түү-түү!» көз тийбесин, көктөйүнөн көгөрүп отуруп, пьеса жазып, ыр-аңгеме жазып, тим эле дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары менен кармашкысы келет.«Түү-түү! » көз тийбесин…

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек, Ноорузду түшүнөбүз…

Бу союз дегендин учурунда кыйла жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясаттышып, динди жээрип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Ошондо жаңы жылды Исуистун туулган күнүнө туштап белгилеп калыппыз.

Анан кайра куруу дегени башталып, эскини тикелейли десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурза акани таптык. «Атылбай калган текедей» жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жээрип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип,чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Мурза акаден Ноорузду билдик.

Мурза ака жерден таап, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү, кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек Ноорузду түшүнөбүз…



Нооруз күнү туулгандар

Ал кезде Нооруз күнү анча белгиленчү эмес, ага тыюу салган. Көпчүлүк билебербегени менен азчылык ал күн кыргыз адабиятына эң таланттуу эки инсанды тартуу кылганын билишчү.

«Ноорузду» кыргыз тилине «жаңы күн», «жаңы жылдын башталышы» деп которушат. Чын эле бул башталыш сыяктуу кыргыз адабиятынын Жаңы Күнү, Жаңы Башталышы болгон.

1915-жылы Нооруз күнү Сары-Өзөн Чүйдүн батышындагы Каптал-Арык деген айылда акын Алыкул Осмонов туулса, 1936-жылы ушул күнү Ноокаттын үстүндө Чечме-Сай айлында жазуучу, драмачы Мурза Гапаров жарык дүйнөгө келген. Нооруз күнү туулган бул экөө кыргыз адабиятына өз-өз үнү менен Нооруздай жаңырып да, кыштын акыр-чикирин тазалап да өттү. Алыкул дал ушул жаз келгенде эчен жолу Атажуртуна күйпөлөктөп:

Жаз да башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт, — деп ырдап, Ата журттун оорусун өзүнө алып, Адам менен, Табият менен сырдашып, кыргыз поэзиясында эң алгачкылардан болуп лирикалык каармандын ички дүйнөсүнө эң эле терең жерден үңүлүп кирди. Отуз беш жашында оо дүйнөгө кеткен акындын поэзиясынын ооматы жылдар өткөн сайын кайра жашарып да, кайрадан оор басырык тартып, ойго салып да келет.


Мурза Гапаров болсо тоталитардык- буйрукчул доордун гүлдөгөн мезгилинде жашаса да, колхоз-совхозду жазып, коммунисттин жалындуу образын түзбөптүр, ал жөнөкөй кишинин эң жөнөкөй турмушун сүрөткө алып өтүптүр. Адабиятка, театрга ак кызмат кылыптыр. Унутулуп калган, советтик коом жыгытып салган Ноорузду тикелейм деп аябай убараланыптыр жана ошонун үзүрүнө эми жеткенде айла жок ажал ал кишини да алып кетиптир…

Ар бир жылдын Нооруз астынан мен ушул эки инсанды, адабиятыбыздын эки алп адамын эстейм. Ноорузда дыйкандар дың бузгандай, бул экөө адабиятыбыздын өз-өзүнчө дыңдарын бузушкан. Азыр эми биз алар бузган дыңдын түшүмүн татып, ал нанды Нооруздун руханий дасторконуна коюп отурабыз.

Оштогу бир күн

Студент кезде, 1975-жылы, биз Мурза ака Ош театрында иштеп жүргөндө фрунзелик досу Кеңеш Жусупов экөөнү филфакка жолугушууга чакырганбыз.

Жакшы сүйлөп беришкен. Сүрөткө түшкөнбүз. Мурза ака ошону, кайсыл студент кайсыл орунда отурганыбыздан бери эстеп калыптыр. Анда биз бала экенбиз. Мурза ака менен Кеңеш аке дагы жаш жигиттер экен.

Биздин кыздар сулуу эле…

Алыкула кындын 60 жылдыгын белгилегенбиз… Сүрөттүн бурчунда мындай жазуу турат:«17-декабрь. Кирлитфак. 4-курс. 1975-ж.»

Ат коюунун «атасын таанытат»

Мурза аканин чыгармаларына ат койгону өзүнчө эле кызык, ар бир аты бир тайлык. Мына караңыз: «Ак поезд», «Бир шиңгил жүзүм», «Кызыл беде», «Дарыялардын шоокуму»,«Буурул түндө төрөлгөн кыз», «Кара-Көлдүн каздары», «Байчечек», «Нойгуттун кызын издеп…», «Жылына эки ирет гүлдөчү алмалар», «Унутулган сокмо жол», «Турналар жазда келишет», «Наташа Ростованын биринчи балы», «Газала», «Күнөстүү арал», «Кадыр түн», «Биздин үйдүн Карлсону», «Зулайканын шатысы», «Жамгырлуу жаздын жомогу», «Чагылгандын огу», «Темир корук», «Сүйүү кайыгы», «Спонсор керек, өлгүм келет», «Туздуу чөл», «Көпөлөктөр өрөөнү», «Экөө ээн бакта»,«Киотого кеткен жол»…

Мындай чырайлуу аттарды жазгандарына бир койсо чырайлуу Мурза ака гана коё алат да.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 22:23

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 22:29

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Кыргызда канча стилист жазуучу бар?

Жазуучу жана дасыккан редактор Мелис Абакировдун мындай деп айтканы бар: «Кыргыз жазуучуларынын арасында «стилист» жазуучу канчоо десе, тартынбай туруп үч-төртөө дээр элем. Бири – Мукай Элебаев – 48 бетке «Узак жол» романын –16-жылдагы Улуу Үркүндү – кыргыз тарыхын, кыргыз элинин трагедиясын сыйдырган, анан да 5-6 бетке «Кыйын кезең» менен «Бороондуу күндөрдү» көз алдыга көрсөтүп койгон. Кайсы кыргыз даана, таамай сүрөт тартып берген? Касыкем, Касымалы Баялиновдун «Ажары» гана атаандаша алар. Анан Мурза Гапаровдун бардык аңгемелери, повесттери. Калган экилтик, үчилтик – миң, эки миң беттен турган «Зайыптарды», «Түпкүрдөгү нур», «Гүлазык», «Жашагым келет», «Бийиктик», «Көк жайык», «Ата Мекен» жана башка толгон-токой романдарын кайсы кыргыз баласы окуп жыргатып ийди? Же ошончо романдардан эстеринде эмне калды? Ачуу чындыкты айтпасак болбос. Кеп так мына ушунда».

М.Абакиров бекер айткан жок, жазуучу болуш үчүн стилист болуу керек, чыгарманы мыкты стилист жазганда гана тамшандырат. Оо кийин-кийин кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр Мурза Гапаровдун мектебине сөзсүз кайра-кайра кайрылышат…



Бир үмүтүм сенде…

Союз таркаганда жазуучулар четке ыргытылып калды. Гонорар алуу жагынан дегеним да. Ошолордун башында Мурза ака болду. Убагында кинодон, театрдан, басмадан…дегендей кол акы алып турчу. Жама-ан осолсурап, оңкулдап жүрдү. Анан ошондо Казакстандын театрларына пьесаларын биринин артынан бирин жөнөтө берди. Алар жакшы төлөшүп атты. Ошондо анын «Аялдардын деңизи», «Мээри дүлөйдүн турмушу жана сүйүүсү», «Бар үмүтүм сенде София Булан», «Киотого кеткен жол», «Өлгүм келет, спонсор керек», «Куурчак», «Караван сарай» деген пьесалары жазылды. Көбүн жеңе менен. «Туздуу чөлдөн» башталды. Мурза ака ойду айтат, сюжет курайт.Зайыбы Галина Ивановна текстти орусча кагазга түшүрөт. Бул убакта канча күн тамак да ичпей, көчөгө да чыкпай калышат. Анан экөө окуп чыгат. Бүттү дешет. Шондо көчөгө чыкса жаз келип калат, же кыш келип калат. Оо бир нече күн өткөрүп жанагы пьесасын кайра колго алат, кээде баарын кайра башынан баштайт, кээде кээ бир жерин түзөтөт. Анан Мурза ака айрымдарын кыргызчалап чыгат. Ар бир пьеса бүткөндө үй-бүлөдө чоң майрам. Унутулуп калган Айкыз да катарга кошулат.

Бул 1990-1998-жылдар Пушкиндин Болдино күзүндөй, Алыкулдун Кой-Сарыдагы 1944-жылдын күзү менен 1945-жылдын кышындагы үч айындай драматург Гапаров үчүн да түшүмдүү болгон. Ооруп жүрүп, өлөрүн билип жүрүп жазгандай бир сырдуу, табышмактуу, ажал белгиси сыяктуу нерселер бүт бул чыгармаларды аралап өтөт. Ушул мезгилде жазылган ондой пьесаларсыз кыргыз драматургиясы бөксө болуп калат. Анын эми ошол пьесалары кайда, аларды кайдан көрүп, кайдан окуйбуз?..

Баткен жана Мурза ака

Мен Мурза ака менен бир иштешип, бир жүрүп калдым, көчө-гөйдө үлпатташа да түшчүмүн. Ошондо Мурза ака Баткен жери жөнүндө көп сүйлөчү. Жоголгон айыл Зардалини тамшанып-тамшанып айтып калчу. Ат өтө албас кууш капчыгайларын, күкүктөнгөн дайрасын, дайра ортосундагы күнөстүү аралчаларды, анан куду өзүнө окшош балапейил адамдарын габина кошуп түгөтө алчу эмес. Биз Зардалидан келген экенбиз дечү. Кубанычбек Маликов да түбү ошояктан дечү. Пиче вактым болсо ошоякка барар элем дечү. «Зарил ишиңиз бовосо, Зардалиге барбаңыз» десем, «Зарил иш бар, үка» дечү. Ошояктарды элестеп миллиондогон каршы-терши учкан миң кыр түстүү көпөлөктөрдү сүрөттөп «Көпөлөктөр өрөөнүн» жазып атам деген.«Нойгуттун кызын издеп…» деген чыгармасын чыгарган. «Земля предков» деген сценарийи кино болуп Баткенде тартылган, бирок ага ичи чыкчу эмес…

Мурза Гапаровдун чыгармаларында Баткен темасы «Айгүл тоо» деген аңгемесинде ажайып ачылган. Аңгеме «Кыргызстан маданиятына» басылгандан кийин баарыбыз Баткенге –Айгүл того баргыбыз келген…

Менин баткенчи досум, Мурза ака менен Айгүл гүлдөрүнүн арасында сонун болуп отурушуп сүрөткө түшкөн баткенчи журналист, менин курсташым Адилбек Баатыров кийин мындай деп жазды: «Белгилүү жазуучу Мурза Гапаровдун бир сөзү эч эсимден чыкпайт. Ал «Ата конуш» көркөм тасмасын тартып бүткөн күнү Баткендин шыбак жыттуу талаасында шыбак жыттуу абадан кере-кере дем алып, кызгымтыл кечке суктана карап, анан чөнтөгүнөн кичинекей идишиндеги коньягын алып, капкагына ууртам куюп: «Ушул улуу сулуулук үчүн!» деп көтөрүп койду. Анан дагы айтты: «Ташталган кыштак Зардалига эл баары бир кайра көчүп барышат. Ал айыл кези келгенде кайрадан жаралат. Нойгуттун кызын издеп сүйүүнүн сапарлары башталат…

…Зардалидан бирин-экин кары-картаңдар гана көчпөй калышты. Эски, жапыс-жапыс таш тамдардын урандылары, изи жоголуп бараткан жолдор, бак-шактар, азырга чейин көктөп турган алты кылымдык алмурут бул жердеги качандар бир мезгилдеги күүлдөк турмуш өкүмүнөн кабар берет. Ташталган кыштактын тагдыры чыгармачыл инсандардын да көңүлүн буруп, жаңы темаларды ачып берди. 80-жылдары Мурза Гапаров Зардалига келип «Нойгуттун кызын издеп…» повестин жазды. Арадан көп өтпөй «Нойгуттун кызын издеп Зардалига кайтып келдим» деп «Ата конуш» көркөм тасмасын тартты. Фильмдин башкы идеясы ташталган конуштун тагдыры жөнүндө эле. Башкы каарман жаш жигит Сакы Нойгуттун кызына үйлөнүү үчүн өзүнө жар издеп Зардалига келет. Кыз жок… Эл көчүп кеткен… Чоң энеси, бешик уста карыя сыяктуулар гана болбосо башка эч ким жок. Саркар аксакалдын бир төөсү менен жылкысы ээн айылдын эркеси болуп куушуп, тиштешип ойноп калышат. Ээн жерде адам эмес, айбан да ээригип, бук болуп, акыры бир айласын таап чер жазат турбайбы… Чоң эне бош калган үйлөрдү аластап, ысырыктап жүрөт. Карыя бешик уста жасаган бешиктерин ошол үйлөргө бирден коюп кетет, эртеби, кечпи бул үйлөрдө кайрадан наристе үнү жаңырып, кайрадан тиричилик башталат деген үмүт менен…»

Азыр эми Зардалига анча-мынча элдер келе баштады… Мурза ака жок, келбей калды…

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 22:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Июль 2014 - 22:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Жаш баладай барбалаңдап…

Жазуучу болушу үчүн жазчу нерсенин баарын кармалап, даамдап көрүш керек дечү. Бир жакшы сюжет тапса, же бир жактан олжолуу келсе, терисине сыйбай барбалаңдап калчу. Анын бир жолку ушундай келиши тууралуу жазуучу Абдиламит Матисаков мындайэскерет: «…Эсимде, Баткенден жаңы эле самолётто учуп келип, Айгүл тоо гүлүнүн бир дестесин наристедей көкүрөгүнө коомай кысып, «Кыргыз Туусуна» келгени. Кызыл китепке кирген, болгону бир ай гана өмүр жаш буйруган ажайып гүлдү жабыла, Кубат ака айтмакчы, жата калып, тура калып карап атсак: «Көрүп болдуңарбы, Бишкегиңерде мындай гүл өспөйт» деп тамашага чалып, көкүрөгүнө башын жөлөгөн бейиштин гүлдөрүн керели-кечке эрикпей-зерикпей жазуучулар союзуна, маданият министрлигине, андан ары кыргыз драма театрынын артисттерине чейин көрсөтүп, ыраңы Айгүл тоо гүлүнүн ыраңындай нурданып чыкканда бечара Мурза ака үйүнө кайтыптыр» (А.Матисаков «Сүймөнкул ага сүйлөп жатканда, мезгил агымы токтоп калгандай сезилчү». Маектешкен А.Абилов // Азия ньюс, 2013, 24-окт.).Карабайсызбы, мен көргөндү баары көрсүн, мен суктанганга баары суктансын деп атпайбы.

Анын ошол сапары «Айгүл тоо» аттуу аңгемеге айланып, анда мындай сүйлөмдөр жазылды:«…Кудай жалгап бир маалда кыздын кубанычтуу кыйкырыгы чыкты.

- Таптым! Таптым! – деди ал. – Мынаке! Бери келиңиз!

Албетте, Иса ошол замат чуркап жетип барды. Барса, кыз чөгөлөп жерде отуруптур. А анын маңдайында айгүл туруптур. Айгүлдүн сотосу жоон, бою узун болот экен. А гүлүнүн өзү коңгуроого окшоп кетет. Бир сотодо төрт даана гүл ачылыптыр. Гүлдүн түсү айдын жарыгында кызгымтыл болуп көрүндү».

Күнөстүү үй кубанычы

Биз «Zaman Кыргызстан» газетасында чогуу иштедик дебедимби. А киши гезитибизде баш редактор эле. Шондо Мурзаке үйдөн кыйналып жүрдү. 9-кичи райондогу тар бир бөлмөлүү үйдө – «хрушевкада» жашады. Илхам келгенде ашканада жазганын, дааратканада китеп окуганын безилдеп алмайы бар. Аскар Акаевичтин президент болуп калган жылдары. Экөө бир курдай «Арашанда» бир чайлашканын, анын жубайы Майрам Дүйшөновна анын чыгармаларын жакшы билерин айтып берчү, мени билет дечү. Барыңыз, президентке барыңыз, үй сураңыз дейбиз. Жок дейт. Барбайт. Ошондо дос жазуучулары, Асанбек Стамов, Мелис Эшимканов сыяктуу таанымал адамдар кол коюп, там сурап өлкө башчысына кайрылган. Анысы «Асаба» гезитине да чыккан. Тез эле үч бөлмөлүү үй тийди. Шаар үй башкармалагы бир топ вариантты сунуштаптыр, алардан тандагандай болду. Физприбордун мончосунун атабарында, Таабылды Пудовкин көчөсүндө эле тандаганы. Үйүнө бардык. Эски болгон менен абдан жарык, Күн Жер үстүнө баш багары менен ушул үйгө тие тургандай пешенеси ачык үй экен. Мурза ака сүйүндү. Жамаатыбыздагы балдар барып көчүрүштүк. Жалаң эле китептер экен. Бул күн тууралуу оо кийин-кийин Галия жеңебиз: «Андагы бактыбызга чек жок эле. Мурза ака жаңы алган үйдүн эшигин ачып жатып, толкундангандан ачкыч кармаган колу бир аз калтырап, өзү тердеп кетти. «Zaman Кыргызстандын» коллективи өздөрү алгандай сүйүнүп, чемодан-чакаларыбызды кошо ташышып эдиреңдеп жүргөнүбүз эсимден кетпес», — деп айтыптыр («Кыргыз Туусу», 2005, №12, 18-21-фев.). Ошондой болгон. Ошол үйдө көп пьесалары көз жарды.



Үй демекчи…

Мурза аканин Ноокаттагы айлында жакшы үйү боло турган. Албетте, убагында жакшы болчу.1972-жылы «Көчө» фильминин сценарийи конкурста сыйлыкка жетип, ага 750 рубль берилип, аны «Кыргызфильм» студиясы 6 миң рублге сатып алып, прокаттан 12 миң рубль жазылып, кыскасы, кармалгандан тышкары 12 миң рубль колуна тийет. Бул агезде чоң акча болчу. Ошого элде жок кылып, кырга, бак арасына бышык кыш менен беш бөлмөлүү үй салат. Ошол жерде отуруп алып, Михаил Шолохов Дон боюнда жазгандай жазамын деген…

Кайдан? Шаардан келе албады. Мурза ака кийинки үй талашты билбей калды. Билсе ал үйдү салмак эмес. Отуз жылга жетпей ошол үй талашка айланып, сотто Мурза Гапаровдун аты кайра-кайра айтыларын ал киши ошол кезде кайдан ойлосун…

Тамын уратпаган талант

Биз студент кезде сиз эмне үчүн диалектилик сөздөрдү көп колдоносуз дегендей суроо берилгенде ал киши мен сөз үчүн күрөшөм, ар бир сөз үчүн редакторлор менен урушуп-талашканга чейин барам деди эле. Анын сөз менен иштөөсүн Кеңеш Жусупов 1986-жылдагы бир эссесинде мындай жазыптыр: «Самолётто баратып, М.Гапаровдун жазгандарын эскеремин. Самолёттун терезесинен кең дүйнөгө карайм да, жазуучунун «Байчечекей» деген аңгемесинин каарманы Кыяз эске түшөт. Жазуучу менин азыркы сезимимди эбак жазып койгон: «Самолёт бар болгону элүү мүнөт гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, Түндүк менен Түштүк бөлүп турган тоолордун үстүнөн өтүп баратканда жүрөгү (Кыяздын) туйлап кетти…»

Ушул «Байчечекей» деген аңгемеси «Ала-Тоо» журналына басылганда акыркы төрт сүйлөмү түшүп калганы үчүн М.Гапаров абдан кейип жүрдү. Аңгеме төмөнкүчө бүтмөк:«Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесил оор булуттар калкып жүрөт». Жазуучу түшүп калган жогорку төрт сап сүйлөмгө эмнеге ушунчалык нааразы?! Миңдеген сөздү оюнан чыгарып тапкан сөз чебери үчүн төрт сап кеппи?! Окуганда алар анчалык деле маани бере турган окуя эмес го?! Башкасы деле чыкса жетишпейби дээрсиз. Кеп мында: М.Гапаровдун искусствого, адабиятка өз өнөрканасына мамилеси ушундай: куду бак өстүргөн багбанга же жез чеккен уз чеберге окшоп, колдогу эмгегине өтө этият, кылдат. Ал ар бир сөзүн, сүйлөмүн,окуяны, кейипкерди орду-ордуна кынаптап, уста кирпич койгондой, ушунчалык бапестеп тизет. М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» деген повестиндеги бир сөздүн түшүп калганына кейигенин уктум. Аны жооткотсом, айтканы эсимде: «Эгерде менин үйүмдөн ошончо кышты сууруп салса, тамым урап калбайбы! »



Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 24 Июль 2014 - 22:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Aitunuk   25 Июль 2014 - 18:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Айтылбай келген бир сырлар

Баса жанагы «Байчечекей» деген аңгемеси тууралуу кийин дагы бир жазуучу Бейшенбай Усубалиев мындай деп атпайбы: «Мурза байкенин ар бир чыгармасын үзүлө түшүп окуйм. Ар бир чыгармасынан адамдын чыныгы тагдырын көрөм. Кыргыз адабиятында маңкурт темасын биринчи көтөрүп чыккан ушул Мурза байке болчу. Албетте, анда «манкурт» деген сөз учурабайт, бирок «Байчечекей» аңгемесин окуп көрчү, андан өтө татаал, карама-каршылыктуу жана табышмактуу Кыяз деген маңкуртка жолугасың» (Экөө. Б.Усубалиевдин Б.Гапаров менен маеги // Кыргызстан маданияты, 2009, 30-янв.).

Дагы бир окуя: 1962-жылы университеттин акыркы курсунда «Турналар жазда келишет» деген аңгеме жазат да, анысын кол жазма бойдон эле окуп бериңиз деп Айтматовго берет, ал киши бул аңгеме тууралуу жаш жазуучулардын республикалык семинар-кеңешмесинде мактоо айтып, кыргыз адабиятындагы гана эмес, ошол кездеги жалпы совет адабиятындагы жаңы көрүнүш дейт. Себеби ал жалаң диалогдон курулган. Көп өтпөй ошондой ыкмадагы дагы бир чыгарма «Саманчынын жолу» жарык дүйнөгө келди. Кийин карабайсызбы, жанагы семинар-кеңешмедеги М.Гапаровду мактаган Айтматовдун сөзү эч жерге басылбай да, ал тууралуу кеп болбой да калат.

М.Гапаровдун дагы бир чыгармасы «Кенже уулунун кайтып келиши» деген аңгемеси ошол кездеги «Ала-Тоо» журналына берилсе, аны басыла электе эле башкы редактор Төлөгөн Касымбеков жерге киргизе жамандап, анын сюжетиндеги тоодон таш кулаткандар, ал кулаган таштын бир тууганына тийиши, эки бир туугандын таарынычтары, буудай талаадагы эненин чуркап жүрүшү идеологияга туура келбейт деп чоң минбардан туруп эле шылып түшөт. Муну угуп отурган Айтматов «Даана киного тарта турган эпизод экен» деп реплика ыргытат. Кийин Чыкебиз «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасынын жазылышы тууралуу аны повесть кылмак экендигин, бирок эсинде калган бир сюжетти Москвадагы «Современник» театрынын режиссёрлору Галина Волчак менен Олег Табаковго баяндап берсе, алар даяр драматургиялык материал экендигин айтып, пьеса жаз дешип, сюжетин узак мезгил сактап жүрүп, досу, казак драмачысы Калтай Мухамеджановго түшүндүрүп, ал жазып, алымча-кошумча кылышып, экөө бул чыгармага авторлош болуп калгандыгын 1977-жылы ГДРден келген адабият сынчысы Хейнц Плавиуска айтып берет («Человек и мир.Семидесятые годы. Китепте: Айтматов Ч. В соавторстве… – Ф.: 1978. – с. 367).

Бул кандай дал келүүлөрбү, же шыктануубу, же таасирби?..

М.Гапаров маектеринин биринде «Ч.Айтматов менин жазуучум эмес. Мага «Прощай, Гулсары» эмес, «Прощай, оружие» жакын деп айтканы бар.

Кыял жана чындык

Жазуучунун көп каармандары турмуштан алынган, мисалы, «Кыштакчадагы» жаш завуч – бул Мурза ака менен акыркы учурга чейин байланышып жүргөн Азиз Сейитбеков, мергенчи –кадимки Мургабдагы атактуу аңчы Чыныбай аба, «Көчөдөгү» Аваз – өзүнүн үкаси, Коңурбай раис – Мамасыдык Коңурбаев, Малике – Инаят эже, Ормотой шыбакчы, Туман мерген, Абдилла бешикчи, шыпыргы сатуучу Нышанбай – баары бир айылдын жашоочулары.

Ал сюжет издеп, каарман издеп, эчен жолу өзүнчө эле кайыш курткасын кийип, торбосун асынып, кеткиси келген жакка кетип калчу. Жазуучу болом деген киши ата журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгышы керек деп, жетимишинчи жылдардын соңунда Баткендин Кыштут айылынан ары эки мугалим жигит менен кырк чакырым жол басып, сокмо жолдордон, жалгыз аяк кыялардан, кылкылдак көпүрөктөрдөн, кылт этсең Сох дайрага кулай турган баш айлантма аска боолорунан өтүп Зардалиге барат. Нойгуттун кызын издеп барат. Нойгуттар Сакы аттуу жигиттин жетегинде15- 16-кылымдарда азыркы аймактык бөлүнүш боюнча Кытай жактан, Лобнор көлүнүн артарабынан келип ушул Зардалиге түшкөн деп калчу. Ошондон тарайт, ноокаттык нойгуттар.

Ал көп чыгармаларын кыялый элестерден жазчу, анын кыялы өтө учкул, романтикасы бай эле. Чындык менен кыялды укмуштай ашташтырчу…

Жазыла элек жакшы чыгарма

Ал айтчу, мен али жакшы чыгармамды жаза элекмин, чыгармачылыктын туу чокусуна чыга элекмин дечү. Ошентсе да «Күнөстүү арал» повестим, ошол эле повесть боюнча жазылган пьесам, «Туздуу чөл» трагикомедиям өзүмө көбүрөөк жагат дечү…

Түштүн таасири

М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» повести бүтүндө түш – шаардык кыз Жаңылдын жаңгак токоюнда жашагандар тууралуу түшүндө көргөндөрү. Жазуучунун бир китебинин аталышы да «Жаңгак токоюнун жомоктору».

Ал эми түштүн таасиринен улам «Туздуу чөл» пьесасы жазылганын мындай баяндайт: «…Бир жолу мен жаман түш көрдүм. Түшүмдө адам өлтүрүптүрмүн. Анан ал адамдын өлүгүн бир бейтааныш бактын ичине сүйрөп барып, гөр казып көмүп салам. Анан өзүм арып-чарчаган денемди бакка жөлөп отуруп калган болом. Ошо кезде катуу жаан жаап кирет. Ал жаан көз алдымда гөрдүн топурагын жешилтип, көмгөн адамым ачылып калат. Бул менин айыбымдын ачылганы эле. Мен өзүмдүн күнөөмдү толук мойнума алып, кылган кылмышым үчүн каңырыгым түтөйт. А ойгонуп кеткенден кийин дароо жеңилдеп, ушунчалык сүйүнгөн элем» (Гапаров М. «Маш ботойдун» заманы бүтүп, «Көкөй кестинин» заманы келди. «Түз байланышты» уюштурган А.Мониев. //Асаба,2000, 7-апр.).

Мына ушул түштүн таасири бир пьесанын жазылышына түрткү берди.

Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 25 Июль 2014 - 18:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 27 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 27, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 21:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: