Кыргыз грамматикасын талкуулайбыз.
#21 20 Октябрь 2009 - 17:05
#22 20 Октябрь 2009 - 17:29
Ал мударистердин айткандары да чын. Анткени, кээ бир "биларман" чыгармачыл тилчилердин жана "тилчи" лердин Х. Карасаев тарабынан негизделген орфографиялык эрежелерди өзгөртү п, аны жогорку органдардан бекиттирү үгө жетишкени да чын. Анан кайрадан бир топ жылдан соң, мурунку абалына келтирилип, кайрадан Жогорку Кеңештен бекиттирилип, азыр пайдаланылып жаткандыгы да чын!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Октябрь 2009 - 17:31
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#23 20 Октябрь 2009 - 18:17
Цитата
Кызык экен. Кыймыл атоочтордун уңгусунда этиш сөз болгону менен, алардын мааниси атооч сөз катары каралат. Кыргыз тилинде «кыймыл атооч» деп бекеринен аталбаса керек: кыймылдын же процесстин атын билдирет. Бул – анын грамматикалык мааниси. Ал эми «жайлоо, кыштоо, айдоо» же «кыштак, жаздык, күздүк, айдама» сыяктуу мисалдар кыймыл атоочтор менен чаташтырылып, өзүнчө «зат атоочторго айланып калган кыймыл атоочтор» деп кесе айтуу чоң бүдөмү ктүктү жаратат. Бул – бир.
Экинчи жагы: «Эмне үчүн же этиши жеөө болбойт?»... Мунун жообу эң жөнөкө й. Кыргыз тилинде бири-биринен айырмаланып турган үндүү фонемалар эч качан бири-биринин жанына келе бербейт. Эгер андай айкаш болсо, кыргыз тили дифтонгдордун тилине айланмак. Мисалы, латын тилинин бир үлгүсү нө ылайык «ареа» деген сөздө е жана а тыбыштары айкашып келген да, биздеги сыяктуу ар бир тыбыш өз-өзү нчө айтылбай, е менен а тыбышынын ортосундагы бир тыбыш айтылат. Бул – башка бир мисал. Кыргыз тилинде сөздөр сингармонизм мыйзамына ылайык өздөрү нүн барлыгын көрсөтө алат, б.а. бир сөздө а тыбыш болгон жерде анын артка карай ээрчишүү сү ы тыбышына, о тыбышыныкы у тыбышына, ө тыбышыныкы ү тыбышына, е тыбышыныкы и тыбышына карай өзгөрө берет. Керек болсо, ушундай эрежелерден улам сөздүн ичинде фонемалар өзүнү н күчүн сактай албай башка сөздөргө омонимдик катмарды түзүп калган учурлары да учурайт. Жазууда ага жол бербейт. Мисалы, тирүү деген сөз айрым учурларда түрү ү сыяктуу айтыла берет да, түрү ү деген башка бир этиш сөзгө омоним болуп калат.
Үчү нчү жагы: кыргыз тилинде эч качан эки үндүү же эки үнсүз бири-бирине удаа келбейт. Эгер келсе, эки үндүү болсо ортого бир үнсүз, эки үнсүз болсо ортого бир үндүү жаратат. Мунун айкын үлгүсү н чакчыл мүчөлө рдөн көрүү гө болот. Мисалы, үнсүз тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин -а, -е, -о, -ө фонемаларынын бирөө келет да, үндүү тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин –й тыбышы келет.
Созулма үндүү лөр кайдан чыкты? Алар эмне үчүн жанаша турат деген суроолор пайда болушу эч кимге таң калычтуу көрүнү ш эмес. Алар кыргыз тилинде алфавиттин кабылданышы менен 40-жылдардан кийин гана активдүү колдонула баштады деген туура болот. Неге дегенде, эски жазмаларда уу, оо же аа тыбыштарынын ув, ов, ав же уғ, оғ же ағ түрүндө болгону белгилүү . Демек, кыргыз тилинде «Бул эмне үчүн созулма?» деген икая токтотулууга тийиш. Ар бир тилдин өзүнү н нормасы бар. Тилекке каршы, кээде жазма кеп же форманы эске алуу менен, айрым грамматикаларды кыйнап коюу процесси уланып келет жана уланууда.
Тилдик маселе боюнча түйшөлү үлөр жалпы форумчуларга кандайдыр бир натыйжаны алып келсе гана болгону...

Кийик тилейт бийикти.
#24 20 Октябрь 2009 - 18:21
Цитата
Ал мударистердин айткандары да чын. Анткени, кээ бир "биларман" чыгармачыл тилчилердин жана "тилчи" лердин Х. Карасаев тарабынан негизделген орфографиялык эрежелерди өзгөртү п, аны жогорку органдардан бекиттирү үгө жетишкени да чын. Анан кайрадан бир топ жылдан соң, мурунку абалына келтирилип, кайрадан Жогорку Кеңештен бекиттирилип, азыр пайдаланылып жаткандыгы да чын!
Тырмакчага алган сөздөрдү өзгөчө имла менен жазарыңызды байкадым. Аша чапсам, кечирим сурайм. Мисалы, «биларман» эмес – «билерман», «тилчи»лердин эмес – «тилчилердин». Балким, сиз «биләрман» деп жазгыңыз келгендир... Тәң! Гим билет?!

Кийик тилейт бийикти.
#25 20 Октябрь 2009 - 18:24
Цитата
Туура, кемчиликтер абдан көп. Бирок сиз сунуштагандай, негизи колдо болгон грамматикабызды жакшылап туруп үйрөнү п алалы да, андан кийин гана талкуу кылсак, өзүбү згө пайдалуу болор. Ага даяр болбой туруп, ар кимдин каалоосуна жараша жаза берүү – бул чар жайыт маселе.

Кийик тилейт бийикти.
#26 20 Октябрь 2009 - 18:34
Цитата
й+а=я
й+э=е
й+у=ю
й+о=ё
А эмне үчүн кыргыз тилинде мындай тамгалар жок?
1) й+и = ? (Мисалы, "мейиз" деген сөздө)
2) й+ү = ? (Мисалы, "түйү н" деген сөздө)
3) й+ө = ? (Мисалы, "күйө ө" деген сөздө)
4) й+ы = ? (Мисалы, "тыйын" деген сөздө)
Менин оюмча, бул тыбыштар үчүн жаңы тамгаларды киргизиш керек же орусча йоттошкон тамгалардан баш тартыш керек!
Жека мырза тарабынан туура ой айтылган. Бирок буга кыргыз баласы же кыргыз кызы моралдык жактан даяр эмес. Ошондой эле жаңычылдыкка баруудан коркот, жаңычылдыкты кабыл алып, аны ары карай өркүндө түп кетүүдө да ыкшоо келишет. Капа болбогула, катуу айтсам.
P.S.: Кыргыз тилинен алынып таштала турган тамгалар да көп, киргизиле турган тамгалар мындан көп.
Кийик тилейт бийикти.
#27 20 Октябрь 2009 - 18:36
Цитата
Элестетип кеттим эсибиз ооп, анан дагы бир жыйырма жылдан соң оңолсок керек? Же...
Cиздин айтканың ыз боюнча дагы жыйырма жыл ушул орфографиялык эрежелерди колдонуп турганыбыз оң болор. Балким кийин оңолорбуз. Бул – убакыт маселеси.
«Бир нерсе айтканда, күлбөш керек, ыйлабаш керек. Жөн гана аны түшүнү ү керек. Ошол болот – философия... » - деп Спиноза айткан экен.

Кийик тилейт бийикти.
#28 20 Октябрь 2009 - 18:52
Цитата
Экинчи жагы: «Эмне үчүн же этиши жеөө болбойт?»... Мунун жообу эң жөнөкө й. Кыргыз тилинде бири-биринен айырмаланып турган үндүү фонемалар эч качан бири-биринин жанына келе бербейт. Эгер андай айкаш болсо, кыргыз тили дифтонгдордун тилине айланмак. Мисалы, латын тилинин бир үлгүсү нө ылайык «ареа» деген сөздө е жана а тыбыштары айкашып келген да, биздеги сыяктуу ар бир тыбыш өз-өзү нчө айтылбай, е менен а тыбышынын ортосундагы бир тыбыш айтылат. Бул – башка бир мисал. Кыргыз тилинде сөздөр сингармонизм мыйзамына ылайык өздөрү нүн барлыгын көрсөтө алат, б.а. бир сөздө а тыбыш болгон жерде анын артка карай ээрчишүү сү ы тыбышына, о тыбышыныкы у тыбышына, ө тыбышыныкы ү тыбышына, е тыбышыныкы и тыбышына карай өзгөрө берет. Керек болсо, ушундай эрежелерден улам сөздүн ичинде фонемалар өзүнү н күчүн сактай албай башка сөздөргө омонимдик катмарды түзүп калган учурлары да учурайт. Жазууда ага жол бербейт. Мисалы, тирүү деген сөз айрым учурларда түрү ү сыяктуу айтыла берет да, түрү ү деген башка бир этиш сөзгө омоним болуп калат.
Үчү нчү жагы: кыргыз тилинде эч качан эки үндүү же эки үнсүз бири-бирине удаа келбейт. Эгер келсе, эки үндүү болсо ортого бир үнсүз, эки үнсүз болсо ортого бир үндүү жаратат. Мунун айкын үлгүсү н чакчыл мүчөлө рдөн көрүү гө болот. Мисалы, үнсүз тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин -а, -е, -о, -ө фонемаларынын бирөө келет да, үндүү тыбыш менен бүткөн этиштерден кийин –й тыбышы келет.
Созулма үндүү лөр кайдан чыкты? Алар эмне үчүн жанаша турат деген суроолор пайда болушу эч кимге таң калычтуу көрүнү ш эмес. Алар кыргыз тилинде алфавиттин кабылданышы менен 40-жылдардан кийин гана активдүү колдонула баштады деген туура болот. Неге дегенде, эски жазмаларда уу, оо же аа тыбыштарынын ув, ов, ав же уғ, оғ же ағ түрүндө болгону белгилүү . Демек, кыргыз тилинде «Бул эмне үчүн созулма?» деген икая токтотулууга тийиш. Ар бир тилдин өзүнү н нормасы бар. Тилекке каршы, кээде жазма кеп же форманы эске алуу менен, айрым грамматикаларды кыйнап коюу процесси уланып келет жана уланууда.
Тилдик маселе боюнча түйшөлү үлөр жалпы форумчуларга кандайдыр бир натыйжаны алып келсе гана болгону...

Кызык! Демек, "Быйыл ушул жерди айдоо керек, кысыр калбасын" деген сүйлөмдө деле "айдоо" деген сөз атооч маанисинде болуп калат экен да э? Кыз-ыык???
Кыргыз тилиндеги созулмалардын мурун дифтонгдордон турганына макул болууга болот. Анткени, Аксы өрөө нүндө ошол кубулуш оозеки кепте сакталып калган Мисалы: Мен суvга барамын.
Бирок, муну менен кыргыз тилинде 40-жылдарга чейин созулма тыбыштар болгон эмес деген түшүнү к болбоого тийиш. Созулма тыбыштардын кыргыз тилинде пайда болушун 40-жылдардагы алфабиттин кабыл алынышы менен активдешти дегендик, калпыс пикир болуп калаар. Алфабитти алып жатканда созулма тыбыштарга өзүнчө тамга энчиленбей калган десе, туура болгудай, менимче!
Анан кээ бир тил боюнча мударистердин кыргыз тилиндеги фактыларды айтып жатып эле те башка тилдерге өтүп кетип, ошолордон мисал келтире баштагандары мени таң калдырат? Билимдеринин кең экендигин далилдеш үчүнбү, таң?!!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#29 20 Октябрь 2009 - 19:01
Цитата

Туура! Тырмакчалар ошону үчүн кабыл алынган да...
Анан да кабыл алына турган тамгалардын арасына ушу (ә) тыбышы да тамгага ээ болуу укугуна ээ экенин белгилеп, "биларман" . "алибетте" деп жазып жатканымды байкаганың -сенин кыраакылыгың !!!

Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#30 20 Октябрь 2009 - 19:04
Цитата
Бирок, муну менен кыргыз тилинде 40-жылдарга чейин созулма тыбыштар болгон эмес деген түшүнү к болбоого тийиш. Созулма тыбыштардын кыргыз тилинде пайда болушун 40-жылдардагы алфабиттин кабыл алынышы менен активдешти дегендик, калпыс пикир болуп калаар. Алфабитти алып жатканда созулма тыбыштарга өзүнчө тамга энчиленбей калган десе, туура болгудай, менимче!
Кыргыздар менен казактардын орус арибине өткөрү ү боюнча иш-аракеттер Октябрь революциясына чейин эле иштелип такталып калган. Бул жагынан күмөн санабай эле койсоңуздар болот. 1870-жылдары орус миссионери Н. И. Ильминский Волга бою жана казак талааларына жасаган сапарында татар, башкырт, кыргыз жана казактардын имласынын окшош экенин баамдайт да, кайткандан кийин падыша өкмөтү нө өздөрү нө караган ээликтерге орус арибин киргизүү нү сунуштайт. Бирок ал тилеги дароо эле ишке ашпайт. Болгону кыргыз тилиндеги ч тыбышын казак тилинде ш катары жана кыргыз тилиндеги ш, с тыбыштарын с катары жазууга өткөрө алган. Ушул жерден баштап жазуудагы айырмачылыктардан улам оозеки тилде түрдүү ажырымдар пайда боло баштайт. Анан Советтер Союзу түзүлү п, кыргыздар араб жазмасын Ишеналы Арабаев менен реформалаштырган. Кийин болсо Касым Тыныстанов жаңы көз караштын шарданы менен кыргыз жазмасын латын алфавитине өткөрү п салган. Бул учурларда проблемалар байкалган эмес. Ал эми 1940-жылдары кабыл алынган алфавит боюнча тектеш тилдерде сүйлөгө н элдерди колдон келишчинче алыстатуу максатында окшош эле тыбыштар үчүн ар башка тамгаларды сунушталган. Натыйжасында, кыргыз, казак жана өзбек, түркмө н тилдери бири-биринен дээрлик айырмалана түшкөн. Бул – чоң тарых. Ошону окушубуз керек.
#31 20 Октябрь 2009 - 19:09
Цитата
«Айдоо» деген сөз атооч сөз, б.а. кандайдыр бир кыймыл-аракеттин аты. Бул – бир. Экинчи жагынан зат атоочтун бардык грамматикалык категориялары боюнча өзгөргө н сөздү неге мен «атооч» деп атоодон коркот экенмин. Мисалы, «шаар» деген атооч сөз «шаарлар, шаарга, шаардан, шаарым, шаарыңар» сыяктуу кандай өзгөрсө , «айдоолор, айдоого, айдоодон, айдоом, айдооңор» сыяктуу болуп өзгөрө т. Анан да этиштерден бөлүп көрсөтү ү үчүн атайын этиштердин өзгөчө формалары деп туруп, ага кыймыл атоочторду, атоочтуктарды, чакчылдарды сүйрөп барып киргизип жатышпайбы тилчилер...

#32 20 Октябрь 2009 - 19:12
Цитата
Тилдик кубулуштар дүйнө тилдеринин бардыгына бирдей тиешелүү . Эгер кайсы бир тилде тийиштүү тема боюнча көзгө көрүнө рлүк үлгү жок болсо, тилчи салыштырма түрүндө башка бир тилге кайрылса болот. Илимдин негизи эле ушул эмеспи. Бардык илимдер бири-бирине байланыштуу жана салыштырылат. Ошонун негизинде кыргыз тилинин да ажары ачылат.
#33 20 Октябрь 2009 - 19:18
Цитата
Анан да кабыл алына турган тамгалардын арасына ушу (ә) тыбышы да тамгага ээ болуу укугуна ээ экенин белгилеп, "биларман" . "алибетте" деп жазып жатканымды байкаганың -сенин кыраакылыгың !!!

«Алибетте» деген сөз боюнча сиздин элдик этимологияга таянган бир мисалыңызды окуганмын. Айтып коёрум: бул сөз кыргыз тилине араб тилинен келип кирген. Анын араб тилинде альбат жана альбатта варианттары бар. Дагы эки-үч сөз боюнча кыргызча ой толгомдун негизинде сөздүн маанилерин буруп жүрдү элеңиз. Ошону да байкаганмын. «Пайгамбар баарына азир» дегендин мааниси эмне эле? Айтайын дегеним: башка тилдерге салыштырбай туруп, кыргыз тилинин азыркы этабына ылайык сөздөрдү н маанисин жоромолдой берүү катачылыкка алып келет. Капа болбоссуз деген ойдомун. Анткени, сөздүн тазалыгы – тилдин тазалыгы. Тил таза болсо, коом да таза болот.

#34 20 Октябрь 2009 - 19:22
Цитата
Анан да кабыл алына турган тамгалардын арасына ушу (ә) тыбышы да тамгага ээ болуу укугуна ээ экенин белгилеп, "биларман" . "алибетте" деп жазып жатканымды байкаганың -сенин кыраакылыгың !!!

Араб тилине таандык ә тыбышы мурда түштүк кыргыздардын тилине гана таандык болсо, азыркы учурда түндүк говорлордо да кеңири колдонула баштаганын тажрыйба көрсөтү п турат. Жазууда аны жазбаганыбыз менен оозеки тилде анын үлгүсү н көп эле көрүп калабыз. Мисалы, баары деген сөздү "бәри" деп айткандарды көп эле көрүп жүрөм. Демек, ә тыбышы акырындык менен кыргыз тилине кирет окшойт.

#35 20 Октябрь 2009 - 19:28
Цитата
«Айдоо» деген сөз атооч сөз, б.а. кандайдыр бир кыймыл-аракеттин аты. Бул – бир. Экинчи жагынан зат атоочтун бардык грамматикалык категориялары боюнча өзгөргө н сөздү неге мен «атооч» деп атоодон коркот экенмин. Мисалы, «шаар» деген атооч сөз «шаарлар, шаарга, шаардан, шаарым, шаарыңар» сыяктуу кандай өзгөрсө , «айдоолор, айдоого, айдоодон, айдоом, айдооңор» сыяктуу болуп өзгөрө т. Анан да этиштерден бөлүп көрсөтү ү үчүн атайын этиштердин өзгөчө формалары деп туруп, ага кыймыл атоочторду, атоочтуктарды, чакчылдарды сүйрөп барып киргизип жатышпайбы тилчилер...

Мен келтирген сүйлөмдө гү "айдоо" деген сөздү Сиз атооч деген болсоңуз, анда талашты улантпай эле койгонубуз оң экен!!!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#36 20 Октябрь 2009 - 19:37
Цитата
Тилдик кубулуштар дүйнө тилдеринин бардыгына бирдей тиешелүү . Эгер кайсы бир тилде тийиштүү тема боюнча көзгө көрүнө рлүк үлгү жок болсо, тилчи салыштырма түрүндө башка бир тилге кайрылса болот. Илимдин негизи эле ушул эмеспи. Бардык илимдер бири-бирине байланыштуу жана салыштырылат. Ошонун негизинде кыргыз тилинин да ажары ачылат.
Жоок. Мен башка тилдердеги фактылар салыштырууга каршы эмесмин. Кыргыз тилиндеги фактыларды негиз кылып, аларды терең изилдеп, салыштырып алып, анан башка тилдерден мисал келтирсе деген эле ой. Болбосо, кыргыз тилинин кубулуштары туурасында сөз болгону жатып, чу деген эле жерден араб, фарс, а тургай Европалык тилдерге басым жасалып, кыргыз тили ошолордун кандайдыр бир начар нускасы сыяктуу көрүнү шкө айланып калып жатканын гана кыйытып айттым...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#37 20 Октябрь 2009 - 19:38
Цитата
Жалпысынан, атооч сөздөргө кирерин эч ким тана албайт. Өзүнү н да аты «кыймыл атооч» деп айтып турат. Бул - бир. Экинчи жагы: дагы бир нерсе жөнүндө айтсам, айрымдар муз болуп тоңуп калабы деп коркуп турам. Ал ой: «Тилде, негизинен, үч гана сөз түркүмү бар: атоочтор, этиштер, кызматчы сөздөр. Атоочторго зат атооч, сын атооч, ат атооч, тактооч кирет. Этиштерге этиштин өзү жана айрым тууранды сөздөр таандык. Кызматчы сөздөр болуп бөлүкчө , жандооч, байламта жана модалдык сөздөр кызмат кылат. Ал эми сырдык сөздөрдү н сөз түркүмү катары калыптануусунда күмөн туудурган толгон токой маселе бар». Ушуга ылайык атоочтордун изилдөө объектиси канчалык экендиги түшүнү ктүү.
#38 20 Октябрь 2009 - 19:43
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Октябрь 2009 - 19:45
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#39 20 Октябрь 2009 - 19:45
Цитата
Кыйытып айткан жагыңыздан ыраазычылык билдирем. Балким, мен бетке чабарлык кылып жаткандырмын. Бирок чындыктагы көрүнү штөрдү айтканда, өзүбү згө эле пайда алып келер. Ошондой эле кыргыз тилине өтө одоно пикир айткан жоктурмун деген ойдомун. Кандай болсо да кечирим сурайм. Анда эмесе кайра эле талкууну кызуу улантабыз.

Тил же жалпы эле илим тууралуу кабары бар адам андай деп ойлобосо керек. Неге дегенде, ар бир илим өзүнү н барлыгы менен башкалардан айрымаланып турат жана анын башка категориялардан салмагынын оордугу же жеңилдиги тууралуу ойлоонун өзү туура эмес болсо керек. Кыргыз тилин бирөө келип, кыргыз тили латын тилинин же араб, фарс тилдеринин нускасы дегенде, кыргыз тили болуп алардын нускасы болуп кетпейт. Тескерисинче, кыргыз тили бардык тилдердин негизи, кыргыздар алардын атасы дегенде деле абал өзгөрү п кетпейт. Ошондуктан, бул жерде илимий көз караш катары гана айтууга далалат жасап жатам. Андай болбогон шартта күдүк ойлорду жазгым да келбейт, жазбаймын дагы.
#40 20 Октябрь 2009 - 19:52
Цитата
Сиз «айда-» деген инфинитивге окшоштуруп, «айдоо» кыймыл атоочун этишке кошуп коюп, кишини кыйнап жатасыз. Зили «айдоо» дегенди жайында калтырганың ыз дурус. Ансыз да кыргыз тилинин лексикографиясында орус тилиндеги «-ть, -чь, -ти» менен бүткөн инфинитивдерди кыргыз тилине «-оо, -өө, -уу, -үү» түрүндө которо беришип тажатышты. Орус тилинин морфологиясы кыргыз тилиникинен кескин айырмаланып турат. Кыймыл атоочтор процесстин, кыймыл-аракеттин аты, - өзү эмес -, көңү л бурушубуз керек! Дагы бир жагдай: орус тилиндеги –ие менен бүткөн атооч түрүндө гү термин сөздөрдү кыргыз тилине кыймыл атоочтор менен которо беришип, илимде терминдер конкреттү ү түшүнү ктөрдү билдирбей калды. Ага караганда «атооч, тактооч, аныктооч» сыяктуу соңу конкреттү ү түшүнү ктү билдире турган мүчөлө р менен жасалган сөздөр бир топ жагымдуу да, колдонууга да жакын. Кантсе да, жогорудагы терминдерди алгач ирет чыгарган инсан катары К. Тыныстановго таазим кылуу керек. Андай болбогондо, биз аны –оо, -өө түрүндө гү кыймыл атоочко айландырып алып, бул этишпи же эмеспи деп кара терге түшүп кыйналмакпыз.
