- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Кылым карыткан өмүр" чыгармасы Уч доордун тагдыры. Болгон окуя
#1 04 Апрель 2015 - 07:24
Арыда суйунчу айтылып, сырттагылар опурап топурап эле калышты. Буга улаш бир атчан чаап келатты. Аттан тушуп тушпой эле: - Арбаныздар абакелер жакшы кабарым бар. Буюрса ногойлордун жылкысына тийип, олжолуу келатабыз.
Муну уккан элге жан кирип, бир сыйра чуулдап суйунуп калышты. Аксакалдар тордон орун алышып, ногойго жортуул жасалганда торолду деп ымыркайга Ногойбай деген ысым ыйгарышты. Жышаналуу бала экен деп аксакалдар батасын беришти.
Анан кантмек, кыргыздын башына карангы тун тушуп, орустардын кысымы кокойго тиймей болду. Жер соорусун тандап, тартып алганы аз келгенсип, салыкты которгонун кантесин. Ансыз да элдин коргон куну курусун. Жоктон бар кылып, бирин бирине чаптап, оош кыйыш турмушта эптеп кун откоруп атышат.
Бирин экин мергенчи тоого чыгып тоо текеден атып келет. Ал канча оокат болот дейсин, бут жумурай журтка жетпейт да. Ансыз да камбар ата тукумунан кур жалак калган. Баягы колдун жайлоосундагы торт тулук мал жайылып жургон кез жок. Орустар германдыктар менен согушуп атабыз деп жылкыларды тартып алганы кай заман. Анан ногойдон келген чабышка кымындаганды ошондон бил, ат жалынына ойношуп, ырас чучук эт жейт экенбиз дегени.
#2 04 Апрель 2015 - 08:39
Анан эмне болду, ойлогону ордунан чыкпай, кайра кыргыздын канын сулук курттай гана сормой болдуго. Орустар кобойгондон кобоюп, озунчо эле бир шаар. Устоко босток аскерлери келгенин кантесин. Кыргыздарды козомолдоп, анча мынча баш ийбегенди дароо эле Шиберге (сибирге) айдап, элдин эсин чыгарды.
Бул учурда дагы бир жыландын башын кылайтты. Ыстарчыны келип тоболдорду жыйынга чакырып кеткен. Корсо 16 жаштан 40 жашка чейинки эркектер керек экен согушка. Бизде баарынардын тизмеси бар качабыз деп ойлобогула, болсо эле бала чаканарга убал дептир. Муну уккан калын журт дурболонго тушту. Анын устуно тишин кайрап жургон боз уландар, олсок да оз жерибизде олобуз дешип тымызын жен ичинде суйлошуп, орустарга каршы чыгышмай болду.
Бул убакта Ногойбай талпынып, торолуп калган кез эле. Атасы чечекейи чеч болуп, баласынын жаныдан чыгып келаткан оноруно кубанат. Энеси жарпы жазылып балдары менен алек. Озгочо биринчи небереси болгондуктан, айланчыктап бешиктин жанынан чыкпайт. Ырас балдары тын, келини да жакшы чыкты, колунан коору тогулгон ууз. Балдарынын эсен аманын тилеп байбиченин жарпы жазылып отурат. Бирок ичинде сарсанаасы бар. Имиштердин четин угуп калган неме, алда кандай кун болуп кетеер экен деп санаасы санга болунот. Астыртан байкаган келини кайненесинин конулун которгонго аракет кылат. Экоонун созу да эрмеги да бешиктеги ымыркай.
Бир куну келин боз уйго кирип, бешиктеги баланы карап коеюн дегенби, айтор жабуусун ачса эле, баланын тошундо кичинекей жылан оролуп жатат. Коро салып, тамагы буула кайненесине аттап буттап жете келип, жылан дегенден башканы айта албай аран тушундурот. Боз уйго киришсе, ал жылан дагы эле жаткан болот. Байбиче жакшылап караса жыландын баласындай корунот. Кыраакылыкка салып байбиче ак чачып жонотот. Келинине эскертип этият басып сак бол. Бала жылан турбайбы, бир келген жерине дагы келиши мумкун. Келсе ак берип узат балам. Кокус олтуруп алсан, эне жылан баарыбызды соо койбойт. А баландан коркпо, жыландар балага тийбейт.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#3 04 Апрель 2015 - 19:37
Эки апта отпой баягы бала жылан пайда болуп, дагы баланын тошуно жатып алыптыр. Ымыркай эч нерсе сезбей куш уйку салып телмирип уктап аткан кези. Келин коро салып журогу шуу эте тушту. Бирок боюн туз кармап, кайненеси айтканды эстеп, ак чачып кутуп отурду. Же бешике жакындай албайт. Алдыртан карап бир нерсе менен алек болумуш болот. Бир убакта бала жылан башын кылтыйта которуп, бешиктен сойлоп тушуп, акка оозун тийгизип сойлоп чыгып кетти. Бала жылан кетери менен келин бешике жетип караса чурпосу эч нерседен кабары жок уйкуда экен. Баланын аман экенин коруп женилдей тушту. Озубуз аран жургондо кайдагы жылааны жабышты эми деп отурду.
Бул убакта жылан эне уюгунан баласын таппай, ышкыра издеп жургон экен. Чакырыкты уккан бала жылан боз уйдон сойлоп кеткени ошо тура. Баласынын аман экенин коргон эне бир чети кубанып, бир чети баласын урушуп жатты.
- мен сага адамдарга жолобо дебедим беле! Алар ташбоор болушат, алар сенин бала экенинди карабайт. Камчы менен бир чапмак. Олтуруп салган экен деп журогум каабынан чыгып кете жаздады го. Алда балам ай, аз болгондо уйуно кирип сут куйган челегине уумду тыштамакчы болгонмун. Анда эле адамдар бут уйбулосу менен кырылмак. Ырас сен чыга калып, сообума калдын. Бекер бири бирибиздин убалыбызга калабыз балам, экинчи барбай жур.
- Апаке негедир бешиктеги балага тартыла берем. Аны коргондо ичим элжиреп, жылуу тошуно жатып, таноолорунан чыккан демге мемиреп уктагым келе берет. Анын устуно тиги апасы кайра мага сут берип жонотот.
- Алда балам ай, ал да мен сыяктуу эне да. Адам болобу, жаныбар болобу, сойлоп журуучу болобу баарына бала бирдей таттуу болот. Ар бир эне баласынын амандыгын тилеп келет.
- Апаке мен ал бала менен достошкум келет
- Ок ошондой да дечу беле. Адамдар бугун дос, эртен кас болушат. Алар жыландардай доско бекем эмес. Алар бизди туру суук деп олтуро беришет. Адамдарда жылаандыкындай берилгендик, адилеттуулук, чынчылдык сапаттары чанда кездешет. Бешиктеги бала эртен эле чоноюп кайра сага кол салса кантесин? Ошондуктан балам адамдардан алыс бол.
Муну уккан бала энесинин созунон чыга албай, баш ийгенсип, боз уйго копко барбай журду. Баланы ойлоп тошуно дагы телмирип уктагысы келет.
Бала жылан бир куну энесине корунбой барды, анда санда барып журуп айланчыктап тез эле уйруло тушту. Кетеринде сутко тоюп адатынча уюгуна жонойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 04 Апрель 2015 - 20:05
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#4 05 Апрель 2015 - 05:13
Бул убакта элдин ичи тынч эмес эле. Бири айтат, бизди согушка алып не кылсын. Аякта уйротулгон аскерлери бар. Бизди Шибердеги токойун кыйдырат экен. Ал жер саздак келип, кышы катуу болот дейт. Дагы далай уройду учура турган кептер айтылып журду.
Айтор Орустардын окуму катуулагандан катуулады. Жеке эле кыргыздарды эле басып албастан, орустар казактарга да окумун суруп атыптыр.
Алды Чуйдогу туугандардан баштап анча мынчасын вагондорго салып, алып кете баштаптыр деген каншаар желдей тарады.
Муну угуп тим болбостон, элдер арасында баштасак эртелейли, орустун жеринде соогубуз сопот болгуча, элибизде жан берели. Болбосо ата бабабыздын арбагы кечирбейт. Нечен деген казаттарды женип келген кыргыз, эми эле намысыбызды алдырсак урпактарга кантип караар экенбиз. Оруска баш ийип берди дегиче, Манас атабыздын арбагы кечирбейт, дешип азаматтарыбыз жанын тобокелге салып жургон кези.
Аксакалдар акыл калчап, откондорго саресеп салып, болочок кыргыз элинин турмушу кандай болоор экен деп кок дободо отурган кездери.
Аялдары чаркырап, бала бакырабыздын коргон куну не болот дешип ойу онго, санаасы санга болунгон кези.
Уруулар арасында ичи ара суйлошулуп, тезинен орустарга каршы чабуул жасамай болушту.
Кап, кантеер экенбиз. Орустун башы учтуу келген мылтыгына кантип туруштук береер экенбиз. Журтубузда бирин экин мергенчинин мылтыгынан башка эмнебиз бар. Ала союл, укуруктарыбыз менен тен келе албайбыз го деген дупойул ойлор. Кантсе да тобокелге салып, чабуулга аттанышты. Ойлогондой эле, кыргыздын чабуулдары жапырт болбой, орустун аскерлеринин мылтыгына жем болушту. Анын устуно орустун аскерлеринин даярдыгы мыкты болчу. Чачыранды кол салган кыргыздардын айласы алты кетти.
Мындайды кутпогон орус башчысы элдерди аесуз кыргыла деген окум буйрук берди. Башкасына сабак болсун. Орустун падышачылыгына каршы чыккандарга ушундай жаза кутулот деди.
Буйрукту уккан аскерлер мына сага дедиби айтор, кары жашын карабай, бала бакырага карабай кырып атышты. Кайра боюнда бар аялдын ичине учтуу найзадай болгон мылтыгынын шишин матыра сайып, бул жапайыларга ушундай кылыш керек деп бири бирине мактанганын кантесин.
Эли ичи дурболон тушуп, олгондон калганынын жанын сактоого башпаанек издешип, ата журтунан качканга аргасыз болушту.
Алда карангун ай, эмне деген кунго туш болдук. Киндик каны тамган жерден качат деген эмне шумдук? Байкуш элимдин короор куну не болот?
Туну менен конушун тыштап, ичтеринен зар какшап, аттин дуйно оз жеримен топурак буюрбай калабы дешип армандуу коч кетип баратты. Жалгыз аяк жолдо таалып такшыган эл бара жатты. Аттин дуйно кор болот деген ушу тура. Далай ашуу ашып, суу кечип, бери ачарчылыктан, ары оорудан олгондору канча... Канча элдин соогу ушу ашууда калды... Канчоосу карышкырга жем болуп, соогу сопот болду экен...
Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 05 Апрель 2015 - 05:22
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#5 05 Апрель 2015 - 06:32
Алардын арасында Орозакун да бар. Келинчеги баласы Ногойбайды бооруна кучактап артында келатты.
Бир тилегендери аман калуу. Журтубузга кайрылып келеер кунубуз бардыр дешип ниетинде оздоруно дем беришет.
Уркуп келген кыргыздар Кытайга да жетишип, жарымы Турпанга, жарымы Урумчуго кетишти. Кара курсактын айынан далайы кытай, уйгурларга малай болушту. Ачарчылыктан балдарын кырып албайын деп, арасынан бир кесе талканга баласын саткан кундору да болду. Байкуш кыргыздын коргон куну курусун. Канчалык жашоо жонун тосуп турса дагы, канчалык кыйынчылык башынан отпосун, кайра чыйралып, оздоруно дем куч берип, мекенине кайтаар кунун самап журушту. Бу кыйын кезен да отоор дешип, болгоогону ошондон.
Кундордун биринде Ак падыша тактан кулаптыр деген каншаар кеп желдей тарады. Ушуну гана уга албай турган кыргыздар чечекейи чеч болуп, мандайы жарыла суйунуп атышты. Ата журтубузга кайтаар кунубуз бар экен, ичеер суубуз бар экен дешип мекенге кайта башташты.
Баягы арып тозгон эл кайтып келишти. Жапырай качкан тумон элдин учтон бир болугу кайтып отурат. Канчасы жолдон олду, канчасы ачкадан олду, канчасы кул болуп калды. Аттин канырыгын тутоп, айта берсен арман толтура...
Мына мекенине жеткен элди коруп ал. Бири топуракка жата калып жер кучактап ыйласа, бири Ала Тоону коруп эреркеп, бири Ысык Колду астейдил карап, жузун чайып, ата журтка болгон сагынычын кусасын таратып, эбак нуру кеткен жуздорундо жакшы жышаан байкалды. Жолдогу чаалып чарчаганы заматта жазылып, коодоонундогу кубанычы батпай турду. Ата журттан айланайын. Караанына зар болуп, зар какшап, ушу кунду да корот экенбиз деп мин мертебе кудайга жалынып отурушту.
Ала Тоо да жооп кылгансып, кучагын кенен жая тосуп алды балдарын
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#6 06 Апрель 2015 - 08:22
Бул убакта Ногойбайдын оюнга тойбогон кези эле. Ата энесинин эш тутканы да ушул жалгыз баласы.
Балама караан кылып, ойдодо обок, ылдыйда жолок болчудай бир туугандуу кыла албадым - деп энеси армандуу кейийт. Турмушка наалатын айтып, Уркундо уйгурлардын жайы кышы кирин жууп денсоолуктан калганын, торой албай жургонун арманда кылат. Анда Орозакун келинчегин жоошутуп, андан коро ушу уулубуздун омурун, амандыгын тилейли. Кудайым береерин унутпаса, небере жыттаган да кунубуз келеер дейт. Азыр да комузун кынгыратып чертип отурат. Бул комузу далай ашуу ашып, суу кечип, далай оор кундорду тен болушконсуп колунан тушподу. Ошондогу Карамолдо экоонун элдерди чогултуп, турдуу кайрыктарды кол ойнотушуп, аз да болсо кор тирликти унуткарып, мекенге болгон куйутту кусаны куу менен жеткирип, туну менен ойногон кундору болгон.
Ырас тээ бала кездеринде Орозакун да, Карамолдо да адырларда чогуу кой кайтарышчу эмес беле. Эч нерседен кабары жок, койлордун артынан журуп, оюнга тойбой турган убагында бир сыйра коз ирмеп уктап да алышат. Ошондой кундордун бир кунундо экоо адатынча уктап калып, ойгонушса эле экоо тен колдорун комузда ойнотконсуп атыптыр. Ошо кундон тартып комузга жакын болуп, комуз шеригине айланбады беле.
Аттин турмуш, Орозакун убагында жашоонун кор тирлиги менен алышып атып, анан оо дуйного эрте кетип Фрунзеге баралбай калбадыбы. Болбосо Карамолдо комузчудай атактуу болбойт беле...
Бул убакта советтер союзу орноп, жашоо бир нукта отуп атты. Калхоз, совхоздор тузулуп, элдин баары тан заардан кечке чейин талаа тузондо жумушта журушот. Ал убакта техника деген жок. Баардык нерсе адам кучу менен бутот. Наалып же жамандадын дегиче камап кетет. Жалган жалаа менен камалып же атылып кеткенче, тилинди тишине катып жургонго мажбурсун.
Кантсе да мектептер ачылып, балдар билим алып дегендей башкача жашоонун шарданы келе жатты. Шаарлар туптолуп, кооз мекеме имараттар курулуп, чон окуу жайлар ачылып атты.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#7 07 Апрель 2015 - 05:32
Муну уккан ата энеси каршы болду. Жалгыз уулубуз болсон, сени эш тутуп жургондо, биякта эле калхозго кал дешип жибербей атышты.
Бир жагынан окууга болгон коксоосу, бир жагынан ата энесин кыя албай жургондо атасы оо дуйно салып кете берди.
Аякы кундору Орозакун коп оруучу болгон. Кантсе да башынан откон оор турмуш денсоолугуна кедергесин тийгизбей койбоду.
Ошентип атасын жерге берип, кабыргасы кайышып, ишенер тоосу урагандай эле болду. Энеси да абышкасын жоготконго чунчуй тушту. Эми кайдан окумак. Шынаарлап, караганы да, аяганы да энеси.
Ошентип арадан эки жыл отуп, тууган туушкандар Ногойбайды уйлонсобу дешип кенешин салып отурушту. Озу да энеме эрмек болоор, женилин жерден, оорун колдон алып, энемдин колун узартсамбы деп турду.
Байкуш эне мандайы жарыла суйунуп, келинине сарымайдай сактап жургон жоолугун салып, чечекейи чеч болуп журот. Анда санда келинине жалбарып, алкышын аябайт. Оба дал ушу кунду кутподу беле. Басса турса кудайга сыйынып, баласынын амандыгын, омурун тилеп, бизге карамдуу, куйумдуу жакшы келиндуу кыла кор, чууртуп небереден бере кор деп тилечу эмес беле. Анан кантсин, абышкасы экоо уркундо журуп, мекенибизге бараар бекенбиз, келин алып, небере жыттаар кунду короор бекенбиз деп ак эткенден так этишчу эмес беле.
Аттин абышкам корбой кетти деп армандап калат...
#8 07 Апрель 2015 - 05:33
Муну уккан ата энеси каршы болду. Жалгыз уулубуз болсон, сени эш тутуп жургондо, биякта эле калхозго кал дешип жибербей атышты.
Бир жагынан окууга болгон коксоосу, бир жагынан ата энесин кыя албай жургондо атасы оо дуйно салып кете берди.
Аякы кундору Орозакун коп оруучу болгон. Кантсе да башынан откон оор турмуш денсоолугуна кедергесин тийгизбей койбоду.
Ошентип атасын жерге берип, кабыргасы кайышып, ишенер тоосу урагандай эле болду. Энеси да абышкасын жоготконго чунчуй тушту. Эми кайдан окумак. Шынаарлап, караганы да, аяганы да энеси.
Ошентип арадан эки жыл отуп, тууган туушкандар Ногойбайды уйлонсобу дешип кенешин салып отурушту. Озу да энеме эрмек болоор, женилин жерден, оорун колдон алып, энемдин колун узартсамбы деп турду.
Байкуш эне мандайы жарыла суйунуп, келинине сарымайдай сактап жургон жоолугун салып, чечекейи чеч болуп журот. Анда санда келинине жалбарып, алкышын аябайт. Оба дал ушу кунду кутподу беле. Басса турса кудайга сыйынып, баласынын амандыгын, омурун тилеп, бизге карамдуу, куйумдуу жакшы келиндуу кыла кор, чууртуп небереден бере кор деп тилечу эмес беле. Анан кантсин, абышкасы экоо уркундо журуп, мекенибизге бараар бекенбиз, келин алып, небере жыттаар кунду короор бекенбиз деп ак эткенден так этишчу эмес беле.
Аттин абышкам корбой кетти деп армандап калат...
#9 07 Апрель 2015 - 07:14
Энеси неберемди коруп олсом арманым жок деп, кудайдан тилегени тилеген.
1939-жыл. Советтер союзу октябрда Финляндияга согуш ачкан кези. Кыш кучуно кире электе бир айда басып алышыбыз керек деген ойун таш каап, айбыгышкан согуш улана берди. Корсо советтер союзу согуш жаатында чабал экенин коргозуп койду. Бир айдан ашкан убакта финдердин чек арага жакын жайгашкан шаарын ала албады. Кучтондурууго Азиядан да аскер алууга туура келип, тандап, мыктыларын жиберууго буйрук келди.
Ошентип бул тизмеде Ногойбай да бар эле. Муну уккан энеси да, келинчеги да жалгыз бала болсон, албаш керек эле деп чырылдап журушту. Энеси сай соогу сыздап ыйлап, артында да туягын жок деп согушка наалатын айтып жатты. Кайненесинин созун уккан келини ого бетер шолоктоп, мууну бошоп боздоп атты. Аттин, элге берген баладан мага бир бала ыраа корбодунбу деп мандайына жазган тагдырына наалат айтып, кайненесинин астында, куйоосунун астында бетин карай албай, созго сомтук кепке кемтик болуп турду. Ногойбай жакын адамдарын кантип алаксытарын, тынчтандыраарын билбей айласы кетти. Эми мандайга жазганды корот турбайбызбы деп кутулат. Тугандар бар эмеспи, жардам берип тураар. Озунорго сак болгула деп келинчегине энесин улам улам табыштап жатты. Кап, ооруп калбагай эле деп энесине кабатырланып жатты.
Совет союзунун идеологиясы катуу эмес беле. Ал убакта бар деген жерине барып, тур деген жагына турган заман болчу. Анын устуно согушка барбай баш тартты деген эркек учун уят болчу. Ногойбай намыстанып барам деп, согушка аттанып калды.
Кыштын кычыраган кези. Орустун суугу жандан отуп, соокту какшатат. Ошого карабай кара жанды карч уруп согушуп атышты. Бир бош боло калган убакта уйуно кат жазганга да жетишет. Айтор акыры женишке жетишти. Бирок советтер союзу чон жоготууга учурады.
37-жылы Репрессия учурунда далай чыгаан адамдар, билимдуу, илимдуусу баш болуп, генералдарга чейин жалган жалаа менен камалып, атылып кетпеди беле.
Айтор, жарытылуу ишин билген аскер башчысы болбой, туура чабуул коюлбай, канча миндеген адамдын соогу финдердин талаасында калды. Октябрда башталган согуш мартка барып аяктады. Беш айга созулган согуш аскердин кобунон гана утушка ээ болду го чиркин, болбосо же жарытылуу техникасы жок, же жарытылуу ок дары мылтыгы жок, аскер айдынында советтер союзу чабал экенин айгинелеп койду. Корсо советтер союзу аттандаштарынан аскердик даярдык жагынан аябай артта калыптыр.
Бул абалды билген Гитлердин тезинен кол салуусу буга себеп болгон дешет.
#10 07 Апрель 2015 - 07:48
Немистер советтер союзуна кол салыптыр деген жанылык желдей тарап,далай элди дурботту. Кулакка жаман угулуп, жан дуйного булук салып, замана эншерилип турду. Эмне дейт? Кайдагы согуш? Кайдагы Гитлер дешип чочулаган элдер. Жаны эле жайдары турмушун бироо жулуп кеткенсип томсорушат. Мына эми кунуго ый аралашкан кундор. Кунуго тобу менен согушка аскер жонотмой, жанында чуулдап тугандары уй булоолору ыйлашып, артынан узатып кала бермей. Совет эли учун эн оор кундор башталды...
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#11 10 Апрель 2015 - 04:17
Эл катары Ногойбай да жоноп калды. Артында жакындары чурулдап ыйлап узатып кала беришти.
Мына эми уйундо кайрадан кутмой, кайрадан жол карамай башталды. Энесинин да, келинчегинин да уктаса тушундо, ойгонсо ойунда Ногойбай. Экоонун тен тилегени аман эсен кайтып келсе экен, согуш тезинен бутсо экен деп кудайдан сураганы сураган. Аркы почточуну корсо эле жолун торой кат кабар барбы деп умутун узбой сурагандан тажашпайт. Анда да кара кат алып келбесе экен деп ичиркенип кетишет.
Ботончо энеси жалгыз баласынын амандыгын тилеп, артында туягы жок экенине зар какшап журот.
#12 10 Апрель 2015 - 05:26
Согуш талаасы бир азга тыныгып калганда Ногойбай кат жазганга ашыгат.
Негедир баамдап, байкаганы, атышуу башталганда эле кулагына жылаандын шыбышы угула берчу болду. Кандай атышуу токтойт, тиги шыбыш да ошондой токтойт. Бир кулагынан октор зуу этип отуп атса, бир кулагына жыландын чышш деген добушу. Буга озу да тангалат. Бирок аякы кундору маани да бербей журду.
Польшаны бошотуу учурунда колуна ок тийгенин бир билет, андан кийин козун ооруканадан ачты. Корсо жамбашка да ок жеп, катуу жарадар болуп, операция болуптур. Бир топ дарыланып, согушка жарабайсын деп Ногойбайды уйуно жиберди.
Байкуш энеси менен келинчеги чебелектеп, ок жегенине деле кайыл болушуп, эн башкысы аман келди деп тоболору кокко жетип турду. Тууган урукка тулоо кылып, алектенип калышты.
Бир жыл отуп отпой согуш да бутту. Чоон бир ташты алып салгандай эле элдер женилдене тушушту. Эми кубанычында чек жок эле. Акыры биз жендик деп жуздору тамылжыйт.
Бирок окко учуп кайтпаганы канча?
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#13 10 Апрель 2015 - 06:07
Баягы эле журокту ойуткон, журоктун жарасын тырмаган койгойлуу маселе бул бала.
Карыганда небере жыттабай оломбу, жалгыз балам туяксыз калабы деп чочулаган эне куну туну кудайга жалынганын койбойт.
Мына кырктын кырына келдим. Баласыз как баш болуп отомбу, торобосо да канча жыл жашап, энемди карап, мага жар болуп жургон тугойумду кантип кет дейм деп Ногойбай санаага чомулот. Кантсе да баланын жышаанынан умутун узбой, кудайым берерин унутпас деп журду.
Келинчеги этегинен жалгабай жургонуно арыз мунун ыйдан чыгарып, турмушуна наалат айтып, барбаган бакшысы, барбаган доктуру калбады.
Ырас экоо баш кошкону кер мур айтышып, сен мен дешпеди. Канча жыл тутун булатса да, Ногойбай аялына тороп бере алган жоксун деп айтпады. Бирок ичиндеги ич куптусун аялы астыртан байкап журду. Капилеттен бир куну, аялы кетууну туура корду. Озумду да кыйнабай, сени да кыйнабай жолумду бошотуп берейин. Башкага уйлонуп, балалуу болоорсун деп жатты. Кантсе да сенден тукум калыш керек, а мен бере албадым деп кайненесинин, куйоосунун ыраазылыгын алып, мен ыраазымын деп биротоло кетти. Кантсе да ичи эншерилип, уйгу туйгу болуп, артын карай кылчактап, армандуу жузун жаш жууп баратты. Бироого кор бала, бироого зар бала деген ушу тура.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#14 10 Апрель 2015 - 07:06
Айтор тааныштар аркылуу бир кызга куда тушмой болушту. Кочкордогу чон молдонун кызы экен. Бирок жыйырма жаш кичуу экен, макул болоор бекен деп Ногойбай кооптонуп турду. Шыпылдаган женеси ал жерин мага кой деп атты.
Айтор Нурила экоо баш кошуп, жыл айланбай балканактай уул тороп берди. Атын энеси жаны бек болсун деп Бекжан койду.
Мына сага бакыт, тобосу кокко жетип, издегени, самаганы жерден табылгансып, кубанычы койнуна батпай, Ногойбай кудайга мин мертебе ыраазылыгын айтып жатты. Мына ушу кунду кутподу беле. Канча жыл бала жытына зар болуп, тилегени орундалып отурат. Мына кырк учко караганы, кызыл эт баласын жыттап отурат.
Байкуш чон эненин кубанычына чек жок, мандайы жарыла суйунуп, бир четинен ыйлап да атты. Небересин коруп эреркедиби, олсом арманым жок, дегинкиси адам болуп кетсин деп атты. Келинине алкышын айтып, кудайга ыраазы болуп жатты. Келининин устуно уйруло тушуп, айланып тегеренип куйполоктоп журот. Балалуу уй базар деп бекеринен айтылбаса керек. Уйдон баланын ыйы чыгып, жалаяк жулаяк жайылып, азан казан болуп бапыраган турмуш отуп атты.
Ногойбай мурда жумушуна эрте кетип, кеч келип жургон жаны, азыр уйун коздой шашып калган. Деле баланы шуу шуу эте жыттап алат да кайра эле жытына тойбой кумарланат. Уйго жипсиз байланды да калды.
Ырас Нурийла эстуу шайыр келин. Куйоосунун жакасына кир жугузбай, кайненесине бапестеп тамак чайын берип жан алы калбай аракеттенет. Короодо тырбаландап жургон келинине кайненеси боору оруп, оокаттын тубуно тушкон жан барбы, кел балам эс алып алчы деп аяп турат. Экоонун суйлошкону да эрмеги да бешиктеги Бекжан. Кечки тамагын асып, куткондору Ногойбай.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#15 11 Апрель 2015 - 02:28
Ногойбайдын уйундо баш кошулган убагы.
Бекжан аркасынан инисин, карындашын ээрчитип келип, май котон болгон кези. Балалуу уй базар демекчи, опурап топурап, балдардын уну коштолгон жайдары жашоо журуп атты. Ногойбайдын чечекейи чеч, бу ааламда андан бактылуу адам жоктой. Балдарынын ойногонун коруп, энесинин жылуу жумшак тордо отурганы, келинчегинин жаркылдап тосуп алганын коруп, заматта чарчап чаалыкканы жазылып кетет. Ушу кунуно каниет кылып, кудайга шугур келтирет. Баланын турганына суйун дегендей, балдарынын омурун, амандыгын тилеп, кудайдан сурагандан тажабайт.
Келинчеги талаада иштеп жургонуно карабай, уйдун да жумушуна жетишип, кабагым кашым дебегенине бир тан берсе, бир ыраазы болот.
Бу селсоветтин жумушу бутпочудой. План жана план. Биринен бири ашып тушуп, 100 дагы эмес, туз эле 150 пайызга планды аткарабыз дешип, председателдин убада бергенин кантесин.
Жаз келди дегенче туут башталат, айдоо, себуу, сугармай, отомой, жыйнамай менен алек болу журуп кантип кыш келгенин андабай каласын.
Тан заардан кечке чейин иштеген карапайым элдердин туйшугу жанга батат. Илмейип жонуна балдарын илген келиндерден кары картанга чейин талаа тузондо журушот. Алтынчы кун сайын бир субботник, бир калхозго жардам дешип окуучулардан бери кол кабыш кылышат.
Эн алдынкы калхоздон болуп, партиянын жыйынында мактаныш керек да, озун корсотуш керек да.
Бул жашоо корунуш баардык совет элдеринин турмушун камтыган идеология.
Билдирүүнү түзөткөн: Aruukeramazan: 11 Апрель 2015 - 03:27
#16 11 Апрель 2015 - 05:25
Демейдегидей калхоздо эсеп чотун жазып, чабарман болуп иштеп атты. Кун алыс жайлоого малчыларга кем карчын, керектоолорун жеткирип берип турат. Кантсе да малчылар менен айылды байланыштырып турган бирден бир киши.
Бугун да жайлоого барууга тийиш. Негедир конулу эчнерсени чаппай турду. Капырай моюну жар бербей атканы эмнеси деп ан тандана тан калып, кантсе да кызмат эмеспи баруум керек деп жолго аттанды. Атын илкий бастырып бара жатты. Негедир ички туюму бир нерсени сезгендей журогу туйлап турат. Озун алаксытыш учун бир ырдап, бир ойун башкага болуп атты. Жарыктык, пенде турбайбызбы, ар нерсеге конул кош карап, андабай, маани бербей журо берет турбайбызбы.
Негедир коктуга жеткенде аты кошкуруп калды. Алды артын карай, теминип жолун улай берди. Асманды караса карарып келе атыптыр. Кой, эртереек барып келе калайын деп чамынып калды.
Капырай бироо сыйкырлап койгонсуп, шайы оогону эмнеси? Улам улам эстегени аз келгенсип, уйкуга мас болгон абалда эле. Туртсо жыгылчыдай болуп баратты. Эки жагын карап, ичиркене эсине келип, келме келтирип алды да, жолун улай берди.
Айтор, коздогон жерине жетип, малчыларга берчусун тапшырып, тамак ичип кет дегендерине карабай эрте кундо жетип алайын. Анын устуно кун да карарып келатат, жолоочунун жолдогусу жакшы деп кете берди.
Ары узаганча жаанда себелеп кирди.
Сааттай болуп баягы коктуга келгенде дагы баягындай корунуш кайталана баштады. Устунон оор жук баскансып, уйкуга азгыра баштады. Негедир озуно келе албай, денесин бироо ээлеп алгансып, магдырап баратты. Кайра озуно келип, улам ондонуп коет. Кандай аракет кылбасын бул кучко туруштук бере алчудай эмес. Коздору ирмоого келбей, шайы ооп, озун башкара албай жатты. Деле бир жума уйку бетин корбогон киши биякта калсын. Демейде келмени, куранды шатырата айткан жаны, оозуна бир соз келбей айласы куруду. Жаан катуулагандан катуулай берди. Ал да жамандыкты туйгандай, ойгон дегенсип бетине тамчыларын себелетип жатты.
Ногойбай уйкуга жетеленип, жамгыр жааганына карабай, обочороок жер издеп, куш уйку салып алайын деп турду. Капилеттен катуу ачуу ышкырык сымал ун чыгып, аты кошкуруп уркуп калды. Озу да чочуп кетти белем, артын караса эле таяктай тикесинен турган кара чаар жылаан айбат корсото ышкырып туруптур. Курч, сурдуу коз карашында тезинен кет дегендей ишаарат кылгандай.
Ого бетер чочуп, куу менен камчысын кантип шилтеп ийгенин байкабай калды.
Тиги жылаан ачуу кыйкырган боюнча жерге сулап жыгылды. Бир саамга дендароо болуп, тиктеп турду. Дагы эле озуно келе албай, алда кайдаагы алааматка жолуктум деп бир четинен коркуп, бир четинен тан калып турду.
Бу карабаскан уйкусу да жабышты да калды. Уктаса эле жаны жай алчудай болуп атты. Кара коодой жабышкан азгырык азгыра берди. Бу жолкусунда аттын ээрин чечти да, башына жаздап, жаандын жааганына карабай уйкуга кетти.
Тушундо ырдап чордогон бир кызыктай жандыктарды корду. Бир нерсеге ашкере ыраазы болгонсуп, майрамдап атышты. Бир убакта кайдан жайдан эки доо пайда болду. Аларды коро сала тиги жандыктар корккон немедей качып жоношту. Эки доо Ногойбайга жакындай беришип, бироосу ун салды:
- бул акмак озунун колдоочусун олтуруп салбадыбы деп ызырынып турду.
Экинчиси биринчисине карап, - азгырыктан сактай албай калбадыбы, деп жыланды карап кейип турду.
- анда жанын алалы, десе
- жоок, жанын алсак женил кутулат, козун алалы, кандай азапты тартаар экен, деп энкейишип козуно уйлоп кетишти.
Чоочуп ойгонсо, журогу кабынан чыгып кетчудой акылдап атыптыр. Заматта коргон тушуно ишенип ишенбей бир топко калтырап турду. Эсине келдиби айтор, артын карабай уйуно жоноп калды.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#17 12 Апрель 2015 - 04:57
Кантсе да жакындарын сары санаага салгысы келбеди окшойт. Анан устуну аялдар озгочо сезимтал келет эмеспи. Канткен кундо да ашыкча суроолордон качтыбы айтор эч кимге ачылып суйлогусу келбей, сиркеси суу которбой турду.
Тамакка отурушуп, энеси дугдуйуп ойлонуп отурган баласын карап, бир нерсе болгонун туюп турду. Мейли бугун айтпаса эртен айтаар деп жайына койду.
Ногойбай тамактан ооз тийимиш болду да, курсагым ток, малчылардыкынан нар алдым эле деп жазгырып кетти. Негедир журогуно тамак баспай, опколжууп турду.
Тун бир оокум. Ары оодарылып, бери оодарылып бир топко кирпик какпай жатты. Оюна ар нерсе келип, бул тушко ишенеер ишенбесин билбей ойлонуп жатты. Деги тынч жашоосуна булук салган бул кандай окуя. Журоогу бир балеени эшитип турса да ишенгиси келбей, ойунан жаман нерселерди кубалап жатты. Деги кандай кун болгон кундо да оз башыма корунсо экен, уй булоомо кедергесин тийгизбесе экен деп улам улам кудайга жалынып жатып, танга жуук козу илинип кетти.
Балдардын чурулдаган унунон ойгонуп кетсе, кун аркан бою которулуп калыптыр. Бах, кандай керемет. Жашоого туркук кылган, жашоонун маанисин тузгон балдары биринен сала бири ээрчишип жанында турушуптур. Балдарын коруп маанайы жарк эте тушту. Ого бетер жашагысы келип, жашоонун туткасына ого бетер жармашкысы келди.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#18 13 Апрель 2015 - 03:59
Негедир акыркы кундору шекшигени, козунун курчтугунун кете баштаганында эле. Бир бубак баскансып, козу тунарып турат. Кагаз ишин да жакшы алып бара албай, эсепчиникин откоруп берууго туура келди. Эсеп кысапта тактык керек эмеспи. Ал убакта жетпей калса (недостача) соттоп салгандан да тартчы эмес. Чабарман болуп иштесем деле, берекесин берсе, уй булоого жетеер деп турду. Эсепчиникин откоруп бергени, жумушу кыйла женилдеп калды. Баягыдай эле малчыларга керектоолорун ташымай. Тиги коктуну коргондо журогу оозуна тыгыла тушот да, кайра озуно дем берип, келме келтирип отуп жатты.
Аякы кундору такыр эле козунун коруусу начарлап атты. Доктурга барса бир дарыларды берди. Андан деле жардам болбоду. Акыры такыр корбой калды. Баарынан корккону балдарынын тагдыры эле. Чиедей жаш балдары менен энесинин келинчегинин тагдыры эмне болот. Мен минтип жарым жан болуп калсам, ким аларга баш коз болот деп сары санаага батып атты. Баарын озу даярдап белендеп жасап конгон жаны, эч кимге жалдырагысы келбей, намысы кое бербей, жанга батып турду. Акыры болгон окуяны энесине, келинчегине айтып берди.
Ансыз да энеси кейип кепчип уулунун корбой калышына кайгырып, кандай айла кылаарын таппай жан дуйносу эншерилип турду. Баласы учун жанын аябаган энеси кудайдан менин козумду албайт белен деп шорун тогот. Тогуз ай которуп, омурткасы сыздап баккан баласынын азабын коруп, азабын кошо тарткысы келет. Балан учун тозокко бар десе да барганга даяр эле. Байкуш энелерибизге балдары киши болуп, балалуу бакыралуу болсо дагы, бала бойдон калат турбайбызбы.
Келинчеги баягыда эле бирнерсе болгонун сезсе да, далай жолу оозун таптап барып, кайра сурагандан тартынып, жолдошунун бир муноз турпатынан айбыгып жургон. Уккандан кийин, эми бир жардам берсе, атам жардам береер деп атты.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#19 13 Апрель 2015 - 04:32
Энеси ойлогонду келини ойлоп, экоонун ойу дал келип турду. Бул ой ортого алынып, ары калчап, бери калчап, акыры Ногойбай жакын бир тууганын алып, Кочкорго барып келмей болушту. Байкуш келинчеги куйполоктоп, кудайдан болуп айыгып, коруп кетсен, далай жолу торкулоп бараарбыз. Андан коро уйдо оокат жайды карайын деп узатып калды. Жаш болсо да, акылдуулукка салганын коруп, кайненеси келинине ыраазы болуп турду.
Келини кошкат экенине карабай, жугуро оокат кылып, женилин жерден, оорун колдон алып, намыстана оокатын кылып жатты. Анын устуно соз тийбесин, жудой тушуптур дебесин деп чебеленип журот. Басса турса тилегени, сураганы куйосунун коруп кетуусу эле. Куйоосунун мунозун беш колундай билген келин, куйоосунун жер караганын корбогон жаны, анын мункуроп турганын каалабады. Ооруса да ооруп атам деп жатып албаган жаны, согушта алган жаракаттарына карабай, эл менен кошо тентайлаш иштеп конгон куйоосун аяп атты.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
#20 13 Апрель 2015 - 10:20
Кайнатасына болгон окуяны, аки чукусуно чейин айтып берип отурду. Жантан бери созун болбой, угуп отурган калыбында, кейип отурду. Азгырыкка азгырылып, жиндин ордосуна туш келген турбайсынбы. Кап, колдоочунду олтуруп алганын жаман болуптур. Колдоочун болбогондо, жин даарып кетмек экенсин. Дагы кудай чон сактаптыр. Эми окуганын окуп берем, коп куч талап кылат экен, башкысы кайтса болду деп созун бутурду.
Эртен танзаарда баштайбыз, жолдон чарчадынарго, жатып эс алгыла деп чыгып кетти.
Ногойбайдын издегени жерден табылгансып, умутун узбой, кудайдан тиленип атты. Чарчап чалыкканын деле сезбей, бир топко коз ирмебей ойлонуп жатты. Жыланга кандай байланышы бар, кандайча колдоочум болуп калды экен деп ойлоп жатты.
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »