САКРАМЕНТОНУН ЖЭЭГИНДЕ
Ышкырып жел зуулдайт,
Сакраменто — бай өлкө,
Калифорнияга согуучу.
Сакраменто — бай өлкө,
Алтындын күрөп алуучу.
Фруско13 портуна жөнөө үчүн якордун төңөлүгүн айландырып жатып бардык жердеги матростордун баары созолонтуп айтуучу мына ушул деңиз ырын — арык чырай, жаш өспүрүм бала чаңылдаган ичке үнү менен ырдап отурду. Эгерде өзүнөн эки жүз фут алыстыкта, аскадан түшө калган жердеги киргилденип аккан Сакраменто дарыясын эсепке албаганда, бул өмүрүндө өз көзү менен деңизди көрбөгөн карапайым бала эле. Аны — бала Джерри деп аташа турган, анткени — андан башка да анын атасы кары Джерри бар эле; мына ушул ырды да атасынан үйрөнгөн, анын сапсары тармал чачы, күлмүңдөгөн көк көздөрү жана сепкилдүү ак куба иреңи атасына түспөлдөштүрүп жиберет.
Кары Джерри моряк болуп, өмүрүнүн жартысынан көбүрөөгүн деңизде сүзүп жүрүп өткөргөн, ал эми ыр болсо матростун оозуна өзүнөн-өзү келе берет эмеспи. Бирок, бир күнү Азия портторунун биринде жыйырма чакты матрос менен бирге каргыш тийген дөңгөлүктү айландыра албай жатып, ушул ырды ырдаганда биринчи жолу чындап анын маанисине көңүл буруп, ойлонуп калды. Сан-Франциского келер замат, өзүнүн кемеси жана деңиз менен кол үзүшүп, Сакраментонун жээгин өз көзү менен көрүүгө жөнөйт.
Мына ушул жерден биринчи жолу алтынды көрдү. «Алтын Кыял» кенине жалданып ишке орношту жана дарыянын үстүнөн эки жүз фут бийиктикте тартылган асма жол курууда абдан пайдалуу адам экендигин көрсөттү.
Андан кийин бул жол анын көзөмөлүндө калды. Ал болот сымдан өрүлүп жасалган темир аркандардын үзүлгөн-үзүлбөгөнүн байкап, аларды дайыма жанындай көрүп, тыкандык менен көз салып, көп кечикпей «Алтын Кыял» кенинде эң мыкты кызматчы болуп калды. Андан соң ал жакшынакай Маргарет Келлини сүйүп калып, ага үйлөнөт, бирок көп узабай ал күйөөсүн, жаңы тамтуң баскан Джеррини калтырып түнөргөн калың карагайдын арасындагы кичинекей бейитте экинчи ойгонбос болуп түбөлүк уйкуга кетти.
Карт Джерри, ошентип, деңизге кайрылып барган жок. Дарыя үстүндөгү өзүнүн асма жолунун маңдайында өмүр сүрүп, болот зымдан өрүлүп жасалган жоон керме аркан менен кичинекей Джерриге жүрөгүндө болгон бардык сүйүүсүн берди. «Алтын Кыял» кенинин иши оңунан чыкпай, башына карантүн түштү, бирок карыя эч кайда кетпестен чачылып калган мүлктү күзөтүүгө калды.
Бирок ал бүгүн эртеден бери эмне үчүндүр тегеректе көрүнбөйт. Бала Джерри матростун эски ырын созолонтуп,
эшиктин алдында жалгыз отурат. Ал өзү эртең мененки оокатты даярдап, курсагын тойгузуп алып, жарык дүйнөнү көрүү үчүн тышка чыккан. Андан алыс эмес, жыйырма кадам жерде учу-кайры жок темир аркан оролгон күрсүйгөн болот барабан14 заңкыят. Барабандын жанында кен ташуу үчүн жасалган, зым арканга мыктап бекитилген вагонетка турат. Өзөндүн үстүндө өтө бийиктеги башты айландырып кайкыган болот арканга ээрчин көз жиберип, бала аркы жээктеги вагонетка менен барабанды бири-биринен ажырата баамдады.
Бул курулуш тек гана оор салмактын күчү менен кыймылга келип турчу: жүктүү вагонетка өзүнүн салмагы аркылуу жыла баштайт, ошол эле мезгилде тиги жээктен экинчи бир бош вагонетка да жолго чыгат. Жүктүү вагонетка бошотулуп жатканда, бош вагонеткага жүк жүктөлөт — ошентип алар улам айырбашталып,
учу-кыйры жок кайталана берет. Карт Джерри асма жолдун күзөтчүсү болгондон бери бул бир нече жүздөп, миңдеп кайталанды.
Бала Джерри жакындап келе жаткан табышты угуп, ырдап жаткан ырын дароо токтотту. Көк көйнөкчөн, жонунда беш атар мылтыгы бар узун бойлуу адам кызыл карагайлуу токойдон чыга келди. Бул «Сары-Ажыдаар» кенинин күзөтчүсү Холл болчу. Ал кен Сакраменто дарыясынын агымынын жогору жагында, мындан бир милдей алысыраак жерде эле, анын да аркы өйүзүнө чейин тартылган асма жолу бар.
— Саламатпы, иничек! — деди ал добушун көтөрүңкү чыгарып. — Жападан жалгыз биерде эмне иш бүтүрүп жатасың?
— Эми бул жердеги кожоюн менмин, — деп камырабай сестене жооп берди Джерри, мындан мурун да бир нече ирет жалгыз калып жүргөн адам сыяктанып, — Атам, билсеңиз, алыска кеткен.
— Кайда кетти? — деп сурады Холл.
Джек Лондон "Өмүр кызык" аңгемелер жыйнагы Которгон С.Ерматов
#22 08 Апрель 2016 - 10:26
— Сан-Франциского.
Кечээ кечинде эле кеткен. Кайдадыр Эски Дүйнөнүн15 бир жеринде бир тууганы өлүптүр. Ошо жөнүндө адвокат менен сүйлөшүүгө кетти. Эр тең кечинде келет.
Джерри өзүнө бир чоң жооптуу иштин калгандыгын — «Алтын Кыял» кенин күзөтүү жалгыз өзүнө жүктөлгөнүн сезгенсип, бир түрдүү сыймыктангандай сүйлөп жатты. Ошондой эле бул сонун окуяга — өзөндүн жээгиндеги бийик асканын жонунда жападан жалгыз өзү жашап турганына жана үч маал оокат жасап ичкенге жараганына абдан ыраазы экендиги көрүнүп турду.
— Болуптур, сак бол, — деди Холл акыл айтып, — темир аркандар менен ойноймун дечү болбо. Мен, мынабу, «Аксак Уйдагы» жардуу коктудан бугу-мугу учурап калабы, байкап көрөйүн деп баратамын.
— Жамгыр жаап жибербес бекен, — деп Джерри улгайган адамдай, компоюп койду.
— Мага баары бир! Суу боломун деп коркомунбу? — деп күлдү да, Холл бурулуп бак-дарактардын арасына кирип, көздөн кайым болду.
Джерринин жамгыр жөнүндө айтканы дал үстүнөн түштү. Саат он ченде карагайлардын баштары ыргалып, чайпалып качырады, терезенин айнектерин шыңгыратып ургулап, созолонгон узун, кыйгач жамгыр төгүп жиберди. Он экиге жарым саат калганда Джерри мешке от жакты да, саат он эки болор-болбосто оокаттанууга отурду.
— «Бүгүн, албетте, сайрандап келүүгө болбой калды» — деген корутундуга келди, ал түштөнүп бүткөндөн кийин, идиш-аяктарды таза жууп жана жыйыштырып жатып. Анан дагы: «Кантсе да, Холл суу болду го, бугу атып ала алды бекен?»— деп ойлоду.
Күндүзгү саат бир ченде эшик тыкылдады. Джерри барып ачар замат кандайдыр катуу шамал күч менен түртүп киргизген сыяктуу бир аял менен эркек энтигишип, шашкалактап үйгө кирип келишти. Булар, өзөндөн он эки миль алыс, обочо түнт өрөөндө туруучу эрди-катын Спиллен деген фермерлер болчу.
— Холл кайда? — деп сурады Спиллен энтигип, демиге сүйлөп.
Джерри фермердин эмнегедир тынчсызданып, бир жакка ашыгып турганын сезди. Миссис Спиллен катуу кабарып турган сыяктанат.
Бул өмүрүнүн көпчүлүгүн оор жумуш менен өткөрүп, түйшүктүү, үзүрсүз эмгек иреңине тамга салган; куу чүпүрөктөй бозоруп, жүдөө тартып, жүүнү бош, арык аял эле. Ошол азаптуу оор турмуш анын күйөөсүнүн белин бүкчүйтүп, кабыргасын кайыштырып, колунун тамырларын соолтуп, бетине кабат-кабат бырыш түшүрүп, чачына убагынан мурда эртерээк ак киргизген болчу.
— Ал «Аксак Уйдагы» жардуу коодон аң уулоого кетти. Сиздерге, тиги маңдайга өтүү керек беле?
Аял акырын солкулдап ыйлай баштады. Спиллен болсо абдан катуу өкүнгөндүктүн белгиси катарында үшкүрүп койду. Чыдай албай терезеге барды, Джерри да, анын жанына басып барып, өзөн үстүндөгү асма жол жакты терезеден карады; куюп турган жамгырдан темир аркандар көрүнөр-көрүнбөс болуп, араң бүлбүлдөйт.
Адатта бул тегеректеги кыштактын кишилери Сакраменто дарыясынан «Сары Ажыдаардагы» асма жол аркылуу өтүшө турган. Ал үчүн өткөндөр азын-оолак акы төлөшчү. Андан түшкөн акчадан «Сары Ажыдаар» компаниясы Холлго маяна төлөөчү.
— Биз тиги маңдайга өтүүбүз керек эле, Джерри — деди Спиллен. Сөөмөйү менен ыйлап турган аялды жаңсап көрсөтүп, сөзүн улантты: — Мунун атасын «Беде Жалбырак» шахтасындагы кендин ичинде уранды басып калыптыр. Ал жерде жарылуу болгон экен. Адам болбойт дешет. Бизге кабар эми эле жетти.
Джерри өзүнүн жүрөгүнүн шуу дей түшкөнүн сезди. Анткени, ал Спиллендин «Алтын Кыял» арканы аркылуу өтүүнү суранып жатканын толук түшүндү, бирок карт Джеррисиз мындай ишке батына албады, себеби бул жол менен жүргүнчүлөрдү эч качан ташуучу эмес, экинчиден бул жол өзү да көптөн бери иштен чыгып, пайдаланбай калган.
— Мүмкүн, көп кечикпей Холл да келип калар! — деди бала.
Спиллен ал келбейтко дегенсип башын чайкады.
— Атаң кайда? — деп сурады.
— Сан-Франциского кеткен, — деп кыска жооп берди Джерри.
Спиллен кырылдаган онтоо аралаштыра каарданып, муштуму менен экинчи колунун алаканын шап бир койду. Аял ого бетер катуураак бышактай баштады. Аялдын: «Ай, үлгүрө албайбыз, үлгүрө албайбыз, өлүп калат го…» — деп өзүнчө күбүрөп жатканын Джерри укту.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#23 08 Апрель 2016 - 10:28
Бала эми бир аздан кийин өзү да ыйлап жиберерин сезди да, эмне айла кыларын билбей, дал болуп туруп калды. Бирок, маселени Спиллен өзү чече салды.
— Бала, сөздү укчу, п— деди каршы сөз айтпай тургандай үн менен жай сүйлөп. — Аялым экөөбүз кандай гана болбосун сенин жолуң менен өтүшүбүз керек. Тээтиги немеңди жүргүзүп көрүп, ушундай кысталышта бизге жардам кыла аласыңбы?
Кандайдыр бир кол тийгизбей турган нерсени карматканы жаткансып бүткөн бою дүрүлдөп, Джерри кетенчиктеди.
— Андан көрө мен Холл келди бекен барып карап келейин, — деди коомайланып.
— Эгер ал келбесечи?
Джерри жооп таба албай, такала түштү.
— Эгерде жазатайып кокустук болсо, бардыгына мен өзүм жооп берем. Көрүп турасың го, Джерри, өлсөк-тирилсек да биз тигил маңдайга барышыбыз керек.
— Джерри башын бошоң ийкеди. — Ал эми Холлду күтүүнүн кереги да жок, — деди сөзүн улантып Спиллен, — сен өзүң түшүнөсүң, ал «Аксак Уйдагы» жардуу коодон тез эле кайтып келе койбойт. Андан көрө жүрү, тиги барабанды жүргүз.
«Вагонеткага отургузууга жардамдашып жатканыбызда миссис Спиллендин үрөйүнүн учканы ушул турбайбы» деп таң калып ойлонду Джерри такыр түпсүз болуп көрүнгөн төмөн жактагы туңгуюкту карап. Жети жүз фут аралыктагы тигил жээк, катуу жаап турган жамгырдан, жаалдуу шамалдын куюнуна чыдабай безилдеген булуттун түйдөк-түйдөк үзүндүлөрүнөн, булкунуп асманды карай атырылган толкундун көбүгүнөн жана чачырандысынан таптакыр көзгө илинбейт. Алар чокусунда турган бийик зоока тик ылдый керегеси менен төмөндө буркан-шаркан түшкөн боз мунарыкка кирип жок болуп жатты. Анын болот аркандан төмөн карай дарыяга чейинки эки жүз футча аралыгы кеминде бир милдей болуп көрүнөт.
— Кана, даярсыздарбы? — деп сурады Джерри.
— Кеттик! — деп үнүнүн баарынча кыйкырды Спиллен, зуулдаган шамалдан угулбай калбасын дегенсип.
Ал вагонетканын ичиндеги аялынын жанына отуруп, аны колунан кармап алды.
Анын бул жоругу Джерриге жаккан жок.
— Вагонетканын кырын эки колуңуз менен тең кармаңыз, болбосо жел катуу согуп турат, ыргып кетесиз, — деп кыйкырды ал.
Эрди-катын экөө дароо колдорун бир-биринен ажыратып, вагонетканын кырын бекем кармап алышты, а Джерри болсо кыймылды жөнгө салып туруучу тетикти (тормоз рычагын) акырын бошотту. Барабан жай айланып, учсуз темир аркандын түрмөгү жазыла баштады да, жогору жактагы жылбай турган темир арканча кичинекей чимирик дөңгөлөкчөлөр аркылуу бекитилген вагонетка аба мейкининде жай жылып жөнөдү.
Джерри бул вагонетканы биринчи гана жолу жүргүзүп жаткан жок. Бирок, күнү бүгүнгө чейин ал муну атасынын байкоосу астында гана иштечү. Ал кыймылдын ылдамдыгын тормоз рычагы аркылуу жөнгө салып турду. Минтип кыймылды тынымсыз жөнгө салып туруу сөзсүз керек болчу, анткени уюлгуп соккон долу шамалдын катуу эпкининен вагонетка укмуштуудай катуу чайкалып жатты, ал эми куюп турган бопбоз жаанга кирип таптакыр көрүнбөй калуудан мурун вагонетка бир жагына ушунчалык жантайып кыйшайды дейсиз, ичиндеги тирүү жүктөрдү туңгуюкка аз-аз жерден төгүп кете жаздады.
Андан кийин Джерри вагонеткалардын кыймылын темир аркандардын жылышы боюнча гана ой жоруп билди. Барабандан темир аркандардын чубалып жазылып жатканына назарын салып байкап турду.
— Үч жүз фут…— деп күбүрөдү ал, кабелдеги жылып өтүп жаткан белгиге карап. — Үч жүз элүү… төрт жүз… төрт жүз…
Темир аркан тырс токтоду. Джерри тормоз рычагын булкуп алды, бирок темир аркан кыймылдаган жок. Бала темир арканды кош колдоп кармап туруп, ордунан козголтуу үчүн аракеттенип, өзүн карай катуу ычкынып туруп тартты. Жок! Чыны менен бир жерде тоскоол бар болуш керек. Бирок, ал тоскоолдун кайсы жерде экенин бала биле алган жок. Вагонеткалар да көрүнбөйт. Ал жогору жакты теше тиктеп жатып араңдан зорго дегенде абада турган бош вагонетканы көрдү. Жүктүү вагонетка кандай ылдамдык менен тыякка кетсе, канча жол басса, бул вагонетка да ошондой ылдамдык менен аны карай быякка ошончолук жол басуу керек эле. Бош вагонетка андан эки жүз элүү футтай алыстыкта турган. Демек бууракандап агып жаткан өзөндүн үстүндө, эки жүз фут бийиктикте, аркы жээктен эки жүз элүү футтай берирээк — караңгы мунарыктын бир жеринде Спиллен аялы менен орто жолдо абада асылып турат деген сөз эле.
Джерри аларга үнүнүн бардыгынча үч жолу катуу кыйкырды, бирок анын добушу тигилерге жетпестен, дуулдаган жаан-чачын менен күркүрөк-шаркыракка сиңип, жок болуп жатты. Ал эмне кылсам деп, карбаластап турган кезде, зымырылган булуттар дал өзөндүн үстүнө келгенде суюла түшүп, эки жакка уюлгуп бөлүнүп кетти. Ошол замат төмөндө буркан-шаркан түшүп, көбүктөнүп агып жаткан Сакраментону жана абада салбырап асылып турган адамдар отурган вагонетканы Джерринин көзү чалды. Андан кийин көз ирмегенче болбой булуттар кайтадан топтолуп өзөндүн (үстү мурдагысынан бетер түнөрүп, караңгыланып кетти.
Бала барабанды абдан кадалып карап чыкты, бирок андан эч кандай кынтык таба албады. Кебетеси, тигил жээктеги барабандын бир балаасы бар болсо керек. Эмнеге токтоп калышканын билишпей алай-дүлөй зуулдаган жамгырдуу шамалдын ортосунда жана учу-кыйры жок күбүрдүн үстүндөгү чалдыбары чыккан эски вагонетканын ичинде ары-бери теңселип, асылып турган алиги экөөнү эске түшүрүүнүн өзү эле аябагандай коркунучтуу болчу. Анын үстүнө «Сары Ажыдаардагы» асма жол менен ар жаккы жээкке өтүп, ушунун бардыгына кесири тийген кара жолтой барабанга жеткенинче, тигил экөө ара жолдо асылып турганы турган!
Бирок, темир-тезек, шаймандар сакталуучу бөлмөдөгү учу илмек чыгырык менен жип кылт эсине түшүп, Джерри буту-бутуна тийбей ошоякты карай тызылдап жөнөдү. Темир арканга чыгырыкты дароо иле салып, ийнинен колдору үзүлүп, булчуң эттери аз эле жерден жарылып кете жаздагыча, жан-алы калбай, бардык күчүн салып, ычкына тартты. Бирок, темир аркан кыймылдап да койгон жок. Эми аркы жээкке өтүүдөн башка эч ылаажы калбады.
Жаан ийне-жибине чейин суу кылып, сөөгүнө жетти, бирок Джерри куюп турган жамгырды сезбей шыйрагы үзүлгөнчө зымырылып «Сары Ажыдаарды» карай жүгүрдү. Аркадан соккон шамалдын оңун карай бараткандыктан, чуркоого жеңил болду, бирок Холл жок, вагонетканы ким жүргүзүп, ким токтотот деген ой жүрөктү өйүп баратты. Оңтой берди болуп — ал чыйрак жиптен тузак жасап, жылбас темир арканга кийгизди да, токтотууга жарактуу өзү аспап жасады.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 08 Апрель 2016 - 10:29
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#24 08 Апрель 2016 - 10:31
Жин ургандай зуулдаган долу шамалдын ышкырып, улуп-уңшуганы анын кулагын тундуруп, вагонетканы теңселтип, ары-бери катуу ыргытты. Джерри алиге экөөнүн — Спиллен жана анын аялынын — ушул кездеги абалына дагы толугураак түшүндү. Бул аны ого бетер кайраттандырды.
Аман-эсен өтүп алып, шамалдын булкканына араңдан зорго туруштук берип, улам алга умтулуп, боордо тырмышып, «Алтын Кыялдагы» барабанды карай бет алды.
Бирок, барабандын эч жеринде кынтыгы жок экендигин көрүп, анын үрөйү уча түштү. Тыяктагысы да, быяктагысы да толук өз жайында. Анда мунун кынтыгы кайсы жеринде болду? Болду болбоду ортосунда!
Эрди-катын Спиллендер отурган вагонетка Джерриден бар болгону эки жүз элүү фут алыстыкта асылып турган. Бала жыш жаап турган жамгырдын арасынан табийгаттын тилсиз, катаал балесинин кыйноосуна туш болуп, ага моюн сунгансып вагонеткада бүрүшүп-чүрүшүп отурган эркек менен аялды араңдан зорго байкады. Уюлгуган катуу шамал басаңдай калган учурда ал Спилленге: — жүрүүчү чимирик дөңгөлөкчөлөр жайында бекен, текшерип көрчү деп кыйкырды.
Сыягы Спиллен уккан окшойт, анткени Джерри анын акырын тизелеп туруп, вагонетканын дөңгөлөкчөлөрүн эки колу менен кармалап жатканын көрдү. Андан кийин Спиллен жээкти карай бурулуп:
— Быякта эч бале жок, бардыгы жайында, Джерри! — деп кыйкырды.
Джерри бул сөздөрдү араң-араң эле укту, бирок маанисине толук түшүнгөнсүдү. Капырай, эмне болду, кынтык каеринде? — Баленин баары бош вагонеткада экендигине эми күмөн санаган жок. Бош вагонетка бул жерден көрүнбөйт, бирок Джерри анын мынабу жүрөктү опколжуткан кара түнөк туңгуюктун арасында, Спиллендин вагонеткасынын ар жагында эки жүз футтай жерде салбырап асылып турганын айкын билди.
Эмне кылуу керек экенин ал көпкө ойлонуп отурбастан, дароо биле койду. Бул — арык чырай, эти тирүү, чыйрак баланын жашы он төрттө гана болчу. Бирок ал тоодо өскөн, анын үстүнө атасы аны матрос өнөрүнүн ар түрлүү сырларын билүүгө тарбиялаган, ошондуктан ал бийиктиктен түк коркчу эмес.
Барабандын жанындагы шайман, темир-тезек салынган үкөктүн ичинен дат баскан бурама ачкычты, анчалык узун эмес, ичке темир жана бир түрмөк жаны маниль шпагатын16 таап алды. Матрос люлькасын жасап алгысы келип, жука тактайча издеп бекер убара болду, — килейген тактайдан башка эчтеме таппады: аны араалай турган да эч нерсе жок, ошентип, ал ыңгайлуу ээрсиз эле иш жүргүзүүгө мажбур болду.
Джерри өзүнө жасап алган ээр жөнөкөй эле бир нерсе болчу: ал бош вагонетка бекитилген жылбай турган темир арканга жоон арканды арта салып, учтарын кошуп, түйүштүрүп, илмек жасады: мына ушул илмек-селкинчекке минип алып, опоңой темир арканга жетүүгө, ал турмак кармалоого да болот. Илмектин жогорку темир арканга сүрүлүп, жешилип кете турган жерине жаман-жуман чүпөрөк же эски кап-баштык издеп таппагандыктан, өзүнүн күрмөсүн төшөп койду.
Бардыгын шапа-шупа дайындап бүткөндөн кийин, Джерри илмекке минип алып, колу менен арканды кармалап, туңгуюкту карай жылып жөнөдү. Ал өзү менен бирге бурама ачкыч, анчалык узун эмес, ичке темир жана бир нече кулач аркан алды. Бара турган жолу түз эмес болчу, бир канча өрүрөөк эле, бирок аны өр кыйнаган жок, уюлгуп соккон шамалдан гана ашкере жапа чекти. Улуп-уңшуган катуу шамал төңкөрүп кете жаздап, бирде бери чайпалтып, ыргыткан кезде, Джерри коркконунан жүрөгү кабынан чыгып кете жаздаганын сезгенсиди. Анткени темир аркандын ышпалдасы чыккан эски эле… Кокус баланын салмагына жана шамалдын булкканына туруштук бербей үзүлүп кетсе эмне болмок?
Бул барып турган көз көрүнөө ачык коркунуч эле. Джерри жүрөгүнүн солгун согуп жатканын сезди: темир арканды жакшылап кармоого чамасы келбей, тизелери калчылдап кетти.
Бирок, Джерри кайраттуулук менен алга жыла берүүдө. Чалдыбары чыккан эски аркан жышылып, ар кайсы жери үзүлүп, зымдын бардык жагына ийнедей тикийип чыгып турган учтары баланын эки колун канга боёду. Биринчи жолу токтоп, Спиллендерге кыйкырмакчы болгондо гана Джерри муну байкады. Алар түшкөн вагонетка дал анын төмөнкү тушунда, бир нече фут алыстыкта асылып тургандыктан, бала аларга эмне кырсык болгонун жана өзүнүн ушинтип сапарга чыкканын баяндай алды.
— Колуман келишинче жардамдашсам жакшы болот эле, — деп кыйкырды Спиллен, — бирок, аялымдын таптакыр үрөйү учуп кетти! Байка, Джерри сак бол! Бул балээни өзүм сурап алдым, бирок эми сенден башка бизди куткарып ала турган эч ким жок.
— Ошондой болгон соң мен сиздерди бул бойдон калтырбаймын! — деп кыйкырып жооп берди Джерри. — Бир минутка жетпей тиги жээкте болорун миссис Спилленге айтып коюңуз.
Көз ачырбай куюп турган жамгырда сааттын маятниги сыяктуу ары-бери чайпалып турганына, зымга тытылып кызыл жошо болгон алаканынын чыдатпай ооруганына карабай Джерри катуу кыймылдан жана тумчуктурган шамалдан тез-тез оор дем алып, акырында, зорго бош вагонеткага жетти.
Бул коркунучтуу сапарга бекеринен чыкпагандыгына бала адегенде эле көзү чалганда ынанды. Вагонетка эки кичинекей дөңгөлөкчөлөргө илинип турган: ошол дөңгөлөкчөлөрдүн бирөө узак убакыттан бери ары-бери жүргөндүктөн кажып, жешилип, темир аркандан тайып кетиптир. Темир аркан дөңгөлөкчө менен анын кутусунун ортосуна бекем кысылып калыптыр.
Оболу дөңгөлөкчөнү кутудан ажыратуу керек экендиги балага айкын-ачык түшүнүктүү болду. Бул жумушту иштеп жаткан кезде вагонетканы жылбай турган темир арканга жип менен бекем тартып байлап коюу керек эле.
Джерри он беш минутча алышып жатып, акырында, вагонетканы байлады. Дөңгөлөкчөнү октон чыгарбай бириктирип кармап туруу үчүн сайылган чыбыктай ичке шиш дат басып, кыймылдабас болуп, катып калыптыр. Джерри күчүнүн бардыгынча бир колу менен чыбык шишти койгулады, а экинчи колу менен тырмышып арканга жармашты, бирок шамал туш-туштан уюлгуп тийип, терметип, урган сайын колу шишке жаза тийип жатты. Анын бардык аракетинин ондон тогузу өзүн бир жерде кармап турууга кетти. Бурама ачкычты түшүрүп жибербөөдөн сактанып, аны жүз аарчысы менен колуна байлап алды.

#25 08 Апрель 2016 - 10:33
Жарым саат убакыт өттү. Джерри чыбык шишти ордунан козголтуу, бирок сууруп ала албай койду. Ончакты жолу теригип-айныды,
күдөр үзүүгө аргасыз да болду, анткени — өзүн ушунчалык опурталдуу ишке кириптер кылып, кылган бардык аракети куру убара сыяктуу сезилди. Мына ушул учурда кокустан бир ой кылт дей түштү. Шашкалактап чөнтөктөрүн аңтара баштады. Ошентип өзүнө керектүү нерсени — узун, жоон мыкты таап алып чыкты.
Эгерде чөнтөгүнө качан жана кандайча түшкөн белгисиз бул мык болбогондо, Джерриге кайрадан жээкке барууга туура келмек. Чыбык шиштин көзөнөгүнөн мыкты өткөзүп, бекем мыкчый кармап, акыры бир минуттан кийин шишти огунан сууруп чыкты.
Андан кийин ал темир аркан менен кутунун ортосуна кыстырылып, жылбай калган дөңгөлөкчөнү бошотууга киришип, ичке темир менен алыша баштады. Муну иштеп болгондон кийин Джерри дөңгөлөкчөнү мурунку эски ордуна койду да, вагонетканы жип менен тартып келип жеткирип, акыры дөңгөлөкчөнү темир арканга отургузду.
Бирок мунун баары аз убакытта эле бүтө койгон жок, Джерри бул жерге келгенден бери бир жарым саат өттү. Мына эми ал акыры өзүнүн жиптен жасап алган «ээринен» чыгып, вагонеткага секирип түшүүгө бел байлады. Вагонетканы кармап турган жипти чечкенден кийин, кичинекей дөңгөлөкчөлөр темир аркандын нугу менен акырын жыла баштады. Вагонетка алга жылды. Бала көрбөсө да, айтор кайдадыр төмөнтөдөн Спиллендер түшкөн вагонетка да кайчы өтүп баратканын билди.
Эми ага кыймылды жөнгө салып туруучу тетиктин кереги жок эле, анткени бул вагонеткага өз денесинин салмагы кошулганда тигил вагонетканын салмагына толук барабар болчу. Ошентип көп узабай коюу тумандын арасынан бийик аска жана кадимкисиндей айланып жаткан эски, тааныш барабан көрүнө түштү.
Джерри жерге секирип түшүп, өз вагонеткасын бекитип байлады. Муну ал жайбаракат жана кылдат иштеди. Андан кийин ал күтпөгөн жерден эле мурунку кайратын жоготуп нөшөр менен шамалга карабастан, барабандын такай жанына жерге отура калып, озондоп коё берди.
Ыйлоонун көп себептери бар эле: тытылган колунун чыдатпай ооруганы, шайы кетип, аябай чарчаганы жана бир нече саат бою чымырканып отурган коркунучтан акыры кутулдум го деп эреркегени, баарынан мурда — эми Спиллен аялы экөө аман-эсен коопсуз жайга жетти деп кубанганы муун-жүүнүн бошотуп жиберсе керек.
Алар алыста болчу, демек, балага оозмо-ооз алкыш айта алышпай тургандары белгилүү. Бирок, мынабу жин ургандай долуланган өзөндүн ар жагында жалгыз аяк жол менен «Беде Жалбырак» шахтасын карай ашыга кетип бара жатышканын билип турду.
Джерри чарчагандан далдырап үйүн карай жөнөдү. Ал кармаган эшиктин ак туткасы кызыл канга боёлду, бирок аны байкоого анын чамасы келген жок.
Баланын көңүлү куунак эле, сыймыктана өзүнө-өзү ыраазы болуп, жакшы иш кылгандыгына түшүндү, анткени ал мындай жагдайда жалтактаганды, куулук-шумдукту билбей турган, ошондуктан жакшы иш кылгандыгын мойнуна алгандан да коркпой турган кебетеси бар. Бирок, бир гана кичинекей өкүнүч баланын жүрөгүн өйүдү: аттигиниң, атасы биерде болуп, анын иштегенин көрүп турсачы!
1904-ж.

#26 08 Апрель 2016 - 10:36
ӨМҮР КЫЗЫК
Алар эңкейиш ылдый өзөндү карай илең-салаң басып келе жатышты. Алдыда баратканы баш-аламан жаткан кой таштарга мүдүрүлүп, бир ирет жыгылып да кете жаздады. Күчтөн тайып, ашкере чаалыгышкандыктан, узакка созулган мусапырчылыктан кийин алардын иреңдеринде тобокелдик менен кыйынчылыкка моюн сунуунун түрү бар эле: Аркаларындагы арчындаган оор жүктүн салмагы артка карай тарткандыктан, алар көөдөндөрүн жүткүнтө алга таштап, белдерин бүкчүйтүп, моюндарын созуп, көздөрүн жерден албастан келе жатышты. Экөөнүн тең мылтыгы бар.
— Алиги жашыруун жайга катылган биздин патрондордон ушул азыр кур дегенде экөө болсо эмне? — деди бирөө.
Анын үнү камырабастыктай үлдүрөп чыкты. Анда эч кандай санаркоонун белгиси жок, жай сүйлөдү. Алдыңкы бара жаткан жолоочу кой таштарга урунуп, көбүктөнгөн киргилт ташкынга бутун сала сүрдүгө түшүп, жооп кайтарбастан кечип кете берди.
Экинчи адам да анын соңунан сууга кирди. Бут кийимдерин чечишкен жок. Ага карабастан мээге чыккан муздак суу кызыл ашыгын сыздатып, чучукка жетип, буттун баштарын жансыздай селейтти. Суунун кайсы бир жерлери тизеге чейин жаба берет. Жолоочулар теңселип, суунун түбүн буттары менен сыйпалап, кылдаттык менен зорго басып келатышты.
Артта келе жаткан адам жылмакай тегиз ташты басып алганда жыгыла жаздап барып, кыйынчылык менен жер такандап оңоло түшүп, ооруксунгандан катуу кыйкырып жиберди. Көзү ымыр-чымыр боло түшүп, жер көчүп, башы айланып, денесин токтото албай эки колун алга сунуп, абадан таяныч издегендей тамтаңдап кайсалады. Боюн токтотуп, алга карай жылууга умтулду эле, бирок кайрадан теңселип жыгылып кете жаздады. Андан кийин ал кайра токтоп туруп, башын өйдө көтөрүп, артка кылчайып көз кырын салбай кетип бара жаткан алдыдагы жолдошуна карады.
Өзү менен өзү алпурушкандай бир минутча кыймылсыз турду да:
— Ой, Билл, мен бутумду кокустатып алдым! — деп кыйкырды. Билл болсо көбүктөнгөн агымды жиреп, артына кылчайбастан кете берди. Экинчи адам болсо андан көзүн албай карап турду; ажарында эч кандай өзгөрүш болбогон менен эки көзү жарадар бугунун көзүндөй жалооруп жашылданды.
Билл аркы өйүзгө чыкты да, кылчайып карабастан илгери карай жүрүшүн уланта берди; суунун так ортосундагы тиги киши Биллден көзүн албай карап турду. Эриндери бир аз кемшиңдей түшүп, тикирейген саргыч мурутун калтырак басып, тилинин учу менен эрдин жаланып:
— Билл! — деп аянычтуу үн чыгарды.
Бул — кыйынчылыкка дуушар болгон, бирок кайраттуу адамдын көшөргөн жан соогасы эле. Бирок, Билл кылчайбады. Артта калган жолдошу эки жагына теңселе мүдүрүлүп, темтеңдеп басып бараткан Биллди, кичинекей дөңдү капталдап, кырдан ары ашып, көздөн кайым болгонго чейин карап турду. Билл кеткенден кийинки өзү жалгыз калган айланасына башын буруп көз чаптырып чыкты.
Айлананы учу-кыйыры жок жыш чулгаган коюу тумандан жана бозомук тарткан мунарыктан күндүн болор-болбос күңүрт шооласы көрүндү. Жолоочу бардык салмагын соо бутуна салып, саатын алып чыгып, карады. Убакыт төрт болчу. Акыркы эки жумада ал өткөн күндөрдү эсептөөдөн жанылып калган: бирок июлдун аяк чени жана августтун баш чени болгондуктан, күн ушул мезгилде түндүк батыш жакта турарын болжоп билчү. Тээтиги түнөргөн адырлардын ары жагында Чоң Аюу көлү бар экендигин жана ошол тарапта Канада түздүгүн как жарып өткөн коркунучтуу Түндүк уюл жолунун жаткандыгын божомолдоп, түштүк жакка назарын тикти. Өзү ортосунда кечип турган суу Коппермайн дарыясына келип куя турган; Коппермайн болсо түндүктү карай агып Түндүк Муз деңизине, Коронация кысыгына коюучу. Ал аякта эч качан болуп көргөн эмес, тек гана Гудзон кысыгындагы Компаниянын картасы аркылуу билчү.
Өзү жалгыз калган жаратылыштын аймагына дагы бир жолу көз жүгүртүп чыкты. Көрүнүш өтө эле көңүлсүз. Бир-бирине жылчыксыз учкашкан жапыс адырлар ийри-буйру сызыктар менен курчап турат. Учу-кыйры жок мемиреген коркунучтуу ээн талаадан башка көзгө илинер бир да дарак, бир да тал чөп, бир да бутак жок. Анын көз карашында коркунуч пайда боло баштады.
— Билл! — деди ал акырын күбүрөп — Билл! — деп дагы бир кайталады-
Айлананы курчаган көз жеткис мелмилдеген ээн талаа эрме чөл өзүнүн күчү менен анын маанайын басып, мээримсиз тынчтыгы менен кыйнап жибергенсип ал ылай суунун так ортосуна чөк түшүп олтура калды. Безгек болгондой калчылдады, мылтыгы колунан чулп этип сууга түшүп кетти. Бул анын эсин жыюуга мажбур кылды. Коркунучун басып, акылын токтотту да колун сууга салып, сыйпалап жатып мылтыгын издеп, таап алды. Андан кийин мертинген бутуна оордук аз келсин үчүн, көтөргөн таңылчагын сол ийинине күйшөп, чокураңдап, ылдый карай акырын илкип жөнөдү. Суудан чыккандан кийин ал токтогон жок. Бутунун ооруганына карабастан, өзүнүн шериги ашып кеткен дөбөчөгө жетүүгө жанталашты. Буттарын илең-салаң шилтеп, аксаңдап кырдан ары ашып кеткен Биллиге караганда, мунун көрүнүшү андан да олдоксон жана адамдын күлкүсүн келтиргендей эле. Кырга чыкса анчалык терең эмес кичине коктудан эч ким көрүнгөн жок. Кайтадан коркунуч басып, анан кайраттана түшүп таңылчагын дагы сол ийнине карай копшоп, аксаңдап дөбөдөн ылдый карай басты.
Калың эңилчек баскан өрөөн саздак болчу. Саздак балчык бут шилтеген сайын туш-тушка атылып, чачырап бутту күч менен араңдан зорго тартып алган сайын корулдап турду. Жолоочу эңилчектин арасындагы кичинекей арал сыяктуу чыгып турган кой таштарды басып, көлчүктөрдөн көлчүктөрдү айланып өтүп, өзүнүн жолдошунун изи менен келе жатты.
Жалгыз келе жатса да жолдон адашкан жок. Анын эсеби боюнча мындан алыс эмес жерде, кыска жана куураган пихта17 менен майда карагай тегерегин курчаган кичинекей көл болуу керек. Ал Титчинничили, же жергиликтүү тилде «Кичинекей Таякчалардын Өлкөсү» деп аталчу. Жылга ылдый аккан мөлтүрөгөн таза суу көлгө куюучу. Суунун жээгин бойлото камыш өсө турган — ал муну унуткан эмес, бирок бак-дарак жок. Ушу жылганы өрдөп, суунун агымын бойлоп жүрүп отуруп, суунун бөлүнгөн жерине дейре барып андан батышты карай кеткен экинчи сууну ылдый бойлоп, Диз дарыясына жетип, ал жерден көмкөрүлүп, таш менен корумдалган кичинекей кайыкчанын астындагы жашыруун көрбөй-шөрбөйүн таап алмак. Кайыкчанын астына: патрон, кайырмак, анын жиби жана тырмактай тору катылган — мунун баары оокат таап жеш үчүн керектүү нерселер. Андан башка, аз да болсо биртике ун, буурчак жана бир кесим төш эт бар болчу.
Билл ал жерде аны күтүп турат. Ошондон ары экөө кичинекей кайыкчага олтуруп Диз дарыясы аркылуу Чоң Аюу көлүнө жетип андан өтүп алышып, түз гана түштүктү карай бет алып, Маккензи дарыясына жетмейинче тынымсыз жүрүп отурушат. Суунун агымы басаңдап тоңот, күн суук боло баштайт, алар чыгышты карай, буйдалбай жүрүп отурушуп, кыш кууп жеткенче бутактуу бийик жыгачтар өсө турган, оокат да жетиштүү Гудзон кысыгындагы соода-сатык кылуучу бир жылуу жайга барып калышат.

#27 08 Апрель 2016 - 10:38
Оор кыйынчылык менен илкип араң басып келаткан жолоочу ушуларды ойлоп баратты. Канчалык кыйналып келатса да, Билл аны таштап кетпестигине,
ырастан эле жашыруун жердин жанында күтүп тура тургандыгына өзүн өзү ишендирүү андан да кыйын болду. Анын мындай ойлошу мүмкүн эле, болбосо жашоо үчүн күрөшүүнүн эч кандай кажаты жок — ушу жерге жата калып өлүү гана керек. Ошол мезгилде түндүк-батыш жактагы күңүрт күндүн шар сыяктуу тегерек көзү калкамандап төмөндөй берди. Жолоочу болсо кууп келе жаткан кыштан тартып Билл экөөнүн түштүктү карай баса турган жолунун ар бир кадамына чейин бир нече жолу эсептеп чыкты. Кайыкчанын астындагы жашыруун жердеги жана Гудзон кысыгындагы Компаниянын складындагы белен азыктарды кайта-кайта эстеди. Мына, ал эки күн бою наар ала элек, ал эми тамакты тоё жебегеничи.
Улам. улам эңкейип саздак жерге чыккан бүлдүркөн сыяктуу, боз жемиштерди жулуп оозуна салып, шимип чайнап келе жатты. Суулуу бүлдүркөн ооздо бат эрип, тек ачуу катуу данектери гана калат. Ал бүлдүркөндүн оокат болбой турганын түшүндү, бирок, айла канча аз да болсо аралжы болор деген ишеним менен кажылай берди.
Саат тогузда бутунун баш бармагын ташка катуу уруп алды, көзүнөн от чагылып теңселе түшүп, ачкалыктан алсырап жана каржалгандыктан жыгылып кетти. Бир жак кырынан далайга кыймылсыз жатты. Анан жүктүн арчындамаларын чечип, бошонуп зорго башын көтөрүп, коомай отурду. Али көз байлана элек, иңир талашта таштардын арасынан эңилчектин кургак термечиктерин эңкейип тере баштады. Бир кучак отунду терип алып, быкшытып от жакты да, челекке суу куюп асып койду-
Андан кийин жүгүн чечип, алды менен ширеңкесинин баштарын санады. Алтымыш жети тал экен. Аныгына жетүү үчүн дагы үч ирет саноого туура келди. Андан кийин аны үчкө бөлүп, ар бирөөнү пергамент18 кагазына ороду да, түйүнчөгүнүн бирөөнү бош чөнтөгүнө, экинчисин тарпы чыккан баш кийиминин кырына, үчүнчүсүн койнуна катты. Ошонун баарын иштеп бүткөндөн кийин, кандайдыр бир коркунуч пайда боло калып, түйүнчөктөрдү чечип ширеңкелерди кайтадан санады. Алардын саны мурунку калыбында алтымыш жети болуп чыкты.
Эскилиги жетип, чалдыбары чыккан, суу болгон бут кийимин отко кургатты. Чарыктары, одеялдан тигилген байпактары баштан аяк тамтыгы кеткен, буттары канталаганча сүрүлүп өйкөлгөн. Кызыл ашыгы сыздап ооругандыктан караса: тизеге теңелип шишип кетиптир. Бир одеялынын четинен айрып алып кызыл ашыгын бекемдеп таңды, узатасынан дагы айрып алып байпактарынын жана чарыктарынын ордуна буттарын ороду да, кайнак суудан ичип, саатын бурап, одеялга оронуп жатты.
Таң атканча бут серппей уктады. Түн ортосунда айлана бир аз караңгыланды, бирок кайтадан жарык боло баштады. Күн түндүк-чыгыш жактан, тагыраак айтканда, жарык мурда аяң берген жактан чыкты, анткени боз булуттардын ары жагына жашынып калган болчу.
Жолоочу саат алты ченде чалкасынан жаткан калыбында ойгонду. Ал бозоргон асманга карап туруп, ошол замат курсагынын ачканын сезди. Көмкөрөсүнөн оодарылып чыканактап жатканда бышкырык угула калды, бет маңдайында өзүн таңыркап адырайып карап турган бир чоң бугуну көрдү. Бугу эң эле жакын; кырк кадам чамасындай алыстыкта турган. Ошол замат көмөч казанда куурулуп жаткан бугу этинин жыты жана даамы келе түштү. Аргасыздан жанында жаткан огу жок мылтыгын ала коюп, шыкаалап туруп машааны басып жиберди. Бугу чочуп кетти да таштан-ташка секирип көздөн кайым болду.
Жолоочу өз алдынча сөгүнүп, мылтыгын ыргытып жиберип, онтолоп өйдө турууга аракеттенди. Көпкө кыйналып жатып, араңдан зорго тикесинен турду. Муундары катып калган немедей селейип, бүгүлүп же өйдө болгон сайын зыркырап, тикесинен турууга бардык күчүн жумшоого туура келди. Акыры өйдө тургандан кийин да боюн токтотуп, адам сыяктуу түз туруу үчүн көп убакыт жумшады.
Жапысыраак дөбөгө чыгып, төрт тарабын ынтаасын коюп карап чыкты. Айлананы жыш курчаган түнөргөн боз эңилчек деңизинен башка бир да жыгач, бир да бутак жок. Анда-санда гана бозомук тарткан жар таштар менен көлчүктөр, булактар көрүнөт. Асманда боз бүркөк. Күндүн көзү түгүл, кымындай шооласы да көрүнбөйт.Жолоочу бардык болжоолорунан адашты; түндүктүн кайсы жакта экенин, кечээ кечинде кайсы тараптан келгенин эстей албады. Канткен менен азыр бараткан жолунан адашпаганын сезди. Чукул арада Кичинекей Таякчалардын Өлкөсүнө келиши керек. Кебетеси, ал сол жакта алыс эмес; мүмкүн, келерки айдөшүнүн ары жагында чыгаар деп ойлоду.
Кайтып келип, жүгүн оңтойлото тууралап бууп таңды, түйүнчөктөгү ширеңкелерин түгөлдөдү, бирок санаган жок. Бугу терисинен жасалган, шыкап чымчып буулган капчыттуу жалпак тулупту тиктеп бир аз ойго батты. Тулуп анчалык деле чоң эмес — кочушка гана баткандай. Анын оордугу бардык башка буюмдарынын оордугу менен барабар — он беш кадак эле. Бул жүрөктү өйүдү. Акыр аягында тулупту четке алып коюп, таңылчагын таңды; анан тулупту карай салып, тез ала койду да ээн талаа анын алтынына озбодорчулук кылып жаткансып, жан жагына алактап каранды. Акыры жолоочу өйдө туруп, алга жөнөгөндө анын аркасындагы таңылчактын ичинде алиги тулубу да бар болчу.
Ал кайта-кайта эңкейип саздактагы бүлдүркөндөн үзүп оозуна салып, солго карай бет алып жөнөдү. Кокустан буту жыгачтай зыңкыйып катуу ооруксунуп, аксаганы күчөдү, бирок курсактын «оорусуна» караганда буттун оорусу эч нерсе эмес эле. Ачкалык чыдатпай баратты. Анын азабынан Кичинекей Таякчалар Өлкөсүнө жетүү үчүн каякты карай басуу керек экенин да сезбей калды. Терип жеген жемиштери карынга жугун болбогону мындай турсун, кайта таңдай менен тилди кууруп ачыштырды.
Кичирээк коого келгенде, алдынан бир топ ак чил учуп чыкты. Таш менен уруп бир да бирөөнө тийгизе албады. Андан кийин жонундагы таңылчагын жерге коё коюп, чымчык аңдыган мышык сыяктуу, боору менен жылып, чилди аңдый баштады. Арсайган курч таштарга шымы тытылып, тизеси тилинип канады, бирок ачкалыктын каары барына баш ийдирди. Чылпылдаган нымдуу эңилчектин үстүндө боору менен жылып жүрүп, кийими суу болуп, бүткөн бою кайыгып, тиши-тишине тийбей калчылдады. Мында да ачкачылыктын жапасы эчтекени сездирген жок. Ак чилдер болсо улам-улам тегерегинен бырп этип, чыркылдап учуп-конуп жатты, акыры алар аны мазактап жаткандай көрүндү: чилдерге сөгүндү да, аларды туурап үн чыгарып эликтеди.

#28 08 Апрель 2016 - 10:39
Бир жолу аз жерден тепсеп ала жаздады, кыясы уктап жаткан чил болуу керек. Чил карпа-курпа учуп, бырпырап келип бетине бир тийгенге чейин ал көргөн эмес. Чил канчалык тез учса да, ушунчалык ылдам кыймыл менен серпкендиктен үч тал куйрук жүнү анын колунда калды. Өзүнө жамандык кылгансып, учуп бараткан чилдин артынан акырайып карап турду. Андан кийин таңылчагына кайтып келип, аны аркасына көтөрүп, жолуна түштү.
Куштары, аңдары арбын саздак жерге түш ченде келип жетти. Жөн эле көздүн жоосун алып бута атым жерден жыйырма чакты бугу жандап өттү. Бугуларды кууп жөнөөгө, эгерде антсе, кууп жетерине ишенген сокур сезим бийлеп, азгырылып турган мезгилде оозуна чил тиштеген калтар түлкүнү көрө коюп, катуу кыйкырып жиберди. Ачуу кыйкырыктан үрөйү учкан түлкү чоочуп кетип мант берди, бирок оозундагы тиштеген жемин таштай качкан жок.
Кечке жуук жээктерине сейрек камыш чыккан чополуу сууга туш келди. Суунун ичиндеги майда камыштын сабагын мыкчый кармап, койдун кумалагындай камыштын түбүн сууруп алып, жумшак тамырын чайнаган сайын кырс-кырс этет. Бирок анын сөңгөгү өтө катуу экен, ошондуктан бүлдүркөн сыяктууну канчалык көп жесе да курсагы компойбоду. Ага карабастан жүгүн жерге таштап коюп, ар бир камыштын түбүнө төрт аяктап жылып барып, жулкуп алып, кепшөөчү жаныбар сыяктуу карсылдатып чайнап жүрдү.
Абдан каржалды, жаны жер тартып бут серппестен уктагысы келди; бирок Кичинекей Таякчалар Өлкөсүнө жетүү далалаты, ачкалыктын зарпы түйшүккө салды. Алыскы түндүктө курт-кумурскалар жана бакалардын болбоосун билсе да, көлчүктөрдөн бака издеди, курт-кумурска табылар бекен деп колу менен жерди тырмалады.
Ар бир чөөткө тигиле карап жүрүп, акырында, иңир талаш бир чөөттөн жападан жалгыз кичинекей чабакты көзү чалды. Оң колун ийнине чейин сууга матырып, кармайын деди эле чабак башка жакка жылт берип кетти. Андан кийин эки колу менен кармоого киришти, чапчылай берип сууну ылайлап да жиберди. Кандай гана болбосун кармаш үчүн жан талашып жатып балыкты жаза басып, жүткүнө берип өзү да көмкөрөсүнөн сууга барып түштү. Бел курчоосуна чейин суу болду. Балык көрүнбөгөндөй болуп суу ылайланып кеткендиктен, тунганча күтүүгө туура келди.
Кайтадан балык улоого киришип, сууну дагы ылайлап жиберди. Эми суунун тунуусун күтүүгө чыдабады. Челегин чечип алып, сууну челип ыргытып кирди. Адегенде ачуусу келип баш-аламан сузуп төккөндүктөн суу өзүнүн үстү-башына чачырап жана чөөткө кайта келип куюлду. Андан кийин жүрөгү дүрсүлдөп колу калтыраса да сабырдуу болууга тырышып, кылдаттык менен жай сузуп төктү. Жарым саатча чөөттөгү суу түгөндү. Түбүндө бир тамчы суу калган жок, бирок, балык кайдадыр житип кетти. Таштардын арасында байкалбаган кичинекей жылчык жар экен, балык ошол жылчык аркылуу экинчи чоң чөөткө өтүп кетсе керек, аны керели кечке сузуп төксө да түгөнбөй турган. Эгерде ал жылчыкты мурда көргөн болсо, сөзсүз аны таш менен кептеп бекитип балыкты алмак экен.
Ызасы келип, балыктан үмүтүн үзүп, ным жерге отура калып ыйлап жиберди. Адегенде акырын бышактап, андан кийин айлананы курчаган мээримсиз ээн чөлдү жаңыртып катуу үңүлдөп, өпкө-өпкөсүнө батпай бир топко чейин басыла албай шолоктоду.
От жагып, суу кайнатып ичип, бүткөн боюн жылытты да өткөн түндөгүдөй таштын үстүнө уктоого жай камдады. Жатар алдында нымданып калбады бекен деп ширеңкелерин көрүп-багып саатын бурады. Одеялы суу жана муздак болчу. Буту чыдатпай ооруп, ысып-күйүп чыкты. Бирок жалгыз гана ачкалык сезими кыйнап, таң атканча оюн-той, ар түрдүү даамдуу оокаттар коюлган столдор түшүнө кирип чыкты.
Эртең менен анын бүткөн бою оор тартып, чыйрыгып оорулуу ойгонду. Күндүн көзү көрүнбөйт. Жер менен асмандын түнөргөн иреңи бозомук тартып, катуу жел согуп, биринчи аппак карга адырлар бөлөндү. Жолоочу от жагып, суу кайнатканча аба коюулана түшкөнсүп аппак болуп кетти. Жамгыр аралаш нымдуу кар лапылдата жаап кирди. Адегенде жерге түшөр менен эрип жатты, бирок уламдан-улам калыңдап, эңилчек суу болуп, от өчүп калды.
Бул жагдай кайтадан жүгүн таңып, кайдадыр белгисиз, айтор илгери карай жылышына жолоочуга себеп болду. Эми анын оюна Кичинекей Таякчалар Өлкөсү да, Билл да, Диздин жээгиндеги кайыкчанын астында катылган эмеректер да келбеди. Эси-дарты жалаң тамакта болду. Ачкалыктын азабынан акылга жеңдирди. Түзөң жер гана болсо башы ооган жакка кете берет эле. Ным кардын астынан сыйпалап бүлдүркөн издеп терип, камышты тамыры менен кошо жулуп шамшум этип жүрүп отурду. Бирок даамсыз неме тойгуза алган жок. Бир жерден даамы кычкыл бир чөп кездешти. Ал чөптү тапканынча жеди, бирок бул өтө аз болчу, себеби, жапырылган чөптү кар басып калгандыктан, арбыта издеп табуу мүмкүн болбой калды.
Бу түнү от жага албай ысык суусуз одеялга чулганды да бүктүшүп, ачкалыктан тынчы кетип, эптеп көз илдирген болду. Кар суук жамгырга айланды. Куюп турган жамгырдан ичиркенип, бир маалда айласыз ойгонду. Таң атты, бирок күндүн көзү көрүнбөйт, айлана тегерек түнөрүңкү. Жамгыр басылды. Ачкалыктын азабы анчалык сезилбестен, ичек-карды гана зыркырап ооруп, кыңырылгансыйт. Бирок ага анчалык кыйналган жок. Кайта эсине келип, Кичинекей Таякчалар Өлкөсү_жана Диздин жээгиндеги эмеректер жөнүндө ой жүгүртө баштады.
Бир одеялынын калдыгын бөлүп-бөлүп айрып, сүрүлүп-өйкөлгөн, канаган бутун ороп, оорулуу бутун оңдоп таңып, жолго чыгууга камданды. Таңылчагына келгенде бугунун терисинен жасалган тулубун көпкө тиктеп турду, канткен менен кыя албады, таштоого дити барбай ала кетти.
Жамгыр карды эритип, жер бети бүт карайды. Дөбөчөлөрдүн гана чокуларында аз-аз кыламык кар калды. Күндүн көзү кылтыйып көрүндү. Жолоочу эми жолдон чыгып адашып кеткенин түшүнсө да, төрт тарапты териштирип тактагансыды. Болжолу, кийинки күндөрдө ал адашып жүрүп сол жакка итапкан бурулуп кеткен окшойт. Эми туура жолго чыгыш үчүн, оң жакты карай бет алып жөнөдү.
Ачкалыктын кыйноосу басаңдаганы менен, күндөн-күнгө алсырап баратканын сезди. Камыштын түбүн жана бүлдүркөндү таап жеп, көбүрөөк токтоп, кайта-кайта дем алууга туура келди. Тили кургап күрмөөгө келбей, түк баскандай куудурап оозуна батпай көөп шишип, оозунун ичи эрмен даамданды. Баарынан да жүрөгүнүн ооруганы өттү. Бир аз жол жүргөндөн кийин эле, тынымсыз дикилдеп, анан сайгылашып, булкуп-булкуп, дирилдегенде деми кысылып, көңүлү караңгылап, эси оой жаздайт.
Түш ченде бир чоң көлчүктөн эки чабак көрдү. Көлчүктү каңылтыр кичинекей челеги менен соолтуу жөнүндө сөз болууга мүмкүн эмес эле, бирок бу жолу чабактарды акырын аңдып туруп, челегине түшүрүп алды. Кармаган чабактары чыпалактай болгону менен аны азыр жеөөгө көңүлү чаппады. Ичеги-кардынын зыркырап ооруганы басаңдап, эчтекени сезбегендей мемиреди. Өз акылы боюнча ушинтүү керекко деп, чабактарды чийки бойдон көпкө чайнап шимип отуруп жеди. Оокатка табыты чаппаса да, тирүү калыш үчүн канткен менен жеш керек экенин билди.
Кечке жуук дагы үч чабак кармап алып, экөөнү жеп, үчүнчүсүн эртең мененкиге калтырды. Күндүн табына кургаган сейрек эңилчекти терип, от жагып, суу кайнатып ичип жылынды. Бул күнү ал он милден ашпаган жерди басты, экинчи күнү жүрөгү оорубаган кезде гана жүрүп отуруп беш милден алыс кетпеди. Аш казаны оорубай таптакыр уктап калгандай тынчып, мемиреди. Өзүнө тааныш эмес бир жерге келди. Бугулар, карышкырлар көбүрөөк кездеше баштады. Бир күнү үч карышкыр үңүй басып, желе-жорто анын жолун кесип өтүп, көздөн кайым болду.

#29 08 Апрель 2016 - 10:42
Дагы бир күн өттү. Эртең менен акыры акылына келип бугу тулубунун оозун чечти. Тулуптун ичинен алтындын томолоктошкон куму, уюган таза алтын жерге төгүлдү. Жолоочу алтынды экиге тең бөлүп, бир бөлүгүн одеялдын жартысына ороп, уркуйган зооканын астына, көрүнөө жерге катты да, экинчи бөлүгүн кайта салып алды. Одеялынын акыркы калдыгын бутуна ороду. Бирок Диздин жээгиндеги патрондорун эстеп мылтыгын таштагысы келбеди.
Күн бүркөк, тумандуу. Бул күнү ачкалыктын кыйноосу кайта башталды. Ал катуу алсырады; башы айланып, кезек-кезеги менен көңүлү караңгылап, көзү эчтемени көрбөй калат. Кайта-кайта мүдүрүлүп, жыгылып туруп, бир ирет так эле чилдин уясынын үстүнө барып жыгылат. Уяда жумурткадан жаңы эле чыккан кызыл эт кичинекей төрт балапан бар болчу. Мунун ар бирин эки чайнап бир жутуп жиберүүгө болот. Ал балапандарды тирүүлөй бойдон аптыга оозуна шыкап, жумуртканын кабыгындай кычыратып чайнап жатты. Балапандардын энеси чыркылдап чаркелек айланып, учуп-конуп чебеленди. Чилди мылтыктын кундагы менен жаңсады эле, чил буйтап тийгизбей кетти. Андан кийин чилдин бир канатын таш менен сыйый урду. Чил бырпырап учумуш болуп жарадар канатын сүйрөп жер менен жөргөлөп жөнөдү, тигил да соңунан калган жок.
Балапандар жолоочунун араанын ачканы болбосо, жумуруна жук да болгон жок. Оорулуу бутун олдоксон кыңыраңдап бирде чилди таш менен жаңсап, бирде кырылдап үн чыгарып, бирде өзү менен өзү алп урушуп жыгылып туруп, ар бир жыгылып тура калган сайын караңгылаган көңүлүн жубатып, колу менен көздөрүн укалап эсин жыят.
Чилди кубалап жүрүп, баткактуу ойдуңга келгенде, бул жерден ымкыл тарткан эңилчекти жапшыра баскан адамдын изи көзүнө чалдыкты. Бул өзүнүн изи эместигине толук түшүндү. Кыясы, Биллдин изи болуу керек. Бирок чил узап кетип бараткандыктан, аялдай алган жок. Адегенде чилди колго түшүрүп, анан кайра келип изди териштирейин деди.
Жолоочу, чил чарчап жыгылганча кууп жүрүп отуруп өзү да аябай чаалыгып, эт-бетинен кетти. Чил канатын жайып акактап оор дем алып, бир жак кырынан жатат. Андан ончакты кадам алыс жерде жаткан чилге жакын жылып барууга шайманы келбеди, дембе-дем энтиге узунунан түшүп жолоочу жатты. Бир топтон кийин адамдын умтулган суук колунан чочуп качып жөнөдү. Ошентип экөө тең эс алып алгандан кийин кайрадан кууш башталды. Бирок иңир кирип кетип чил көзгө илинбей калып кутулуп кетти. Алсыраган адам сүрдүгүп барып, жонундагы жүк-мүгү менен көмкөрөсүнөн түштү эле бети ташка тийип, кан жайыла берди. Көпкө кыймылсыз жатып, андан соң бир капталына оодарылып, саатын бурап, ошол калыбында таң атырды.
Күн дагы бүркөк болчу. Акыркы одеялынын жартысын бутуна ороду. Биллдин изин кездештире алган жок, эми аны кездештирүүнүн да кажаты жок эле. Ачкалык аны алга жүткүнтө берди. Чыны менен… Чыны менен эле Билл да адашып кеттиби? — деген ойго келди. Түшкө жакын ал такыр эле алдан тайыды. Алтынды дагы бөлүштүрдү. Бу жолу жартысын түз эле жерге төгүп таштады. Кечке жуук одеялынын айрыгын, каңылтыр челегин жана мылтыгын гана алып калып, алтындын калганынан да таптакыр кол жууду. Кайдагы-жайдагы бир жок нерселер көзүнө элестеп, мазасын алды. Эмне үчүндүр мылтыгы дүрмөттөлгөн — бир ок болуу керек, мурун аны байкабаган сыяктуу ой жоруду. Бир жагынан ошол эле мезгилде мылтыгынын жатынында ок жок экенин жакшы түшүнүп турду. Канткен менен үмүтүн үзбөдү. Бир нече саат элес менен алпурушуп акыры аягында мылтыгын карап көрүп, октун жоктугуна көзү жетти. Чыны менен эле ок таап алууга үмүттөнгөнбү, катуу кайгырып, ичи ачышып, шалдая түштү.
Жарым саат өткөндөн кийин баягы уйгактай жабышкан элес кайта пайда болду. Канчалык алпурушса да, андан кутула алгыдай эмес. Кайта-кайта элестей берген соң, көңүлүн тындыруу үчүн, мылтыгын дагы кароого туура келди. Анда-санда акылынан айнып, башы оогон жакка каңгырактап укмуштуу ой жана ыгы жок элестер мээсинде курттай быжыды. Бирок ачкалыктын аёосуз соккусу эсин тез жыюуга ага уламдан-улам түрткү берип турду. Бир күнү кокусунан кездешкен бир көрүнүш анын эсин эриксиз жыйгызды. Көрүнүш көзүнө чалдыгар замат, кубанганынан анталап, көзү алачакмактап, мас адамдай теңселди. Бет маңдайында бир ат турат. Кадимки эле ат! Өз көзүнө өзү ишенбеди, көз алдына коюу кара тумандын арасынан жылтыраган кичинекей гана шоола көрүнөт. Көздөрүн кайта-кайта сүртүп, тунарганы тараганда караса, теке маңдайында ат эмес, чоң күрөң аюу аны таң калып, шектүү карап туруптур.

#30 09 Апрель 2016 - 19:05
Жолоочу мылтыгын шапа-шупа бетине кармай бергенде дүрмөтүнүн жоктугун ошол замат эстей койду. Мылтыгын таштай салып кынынан бычагын сууруду. Бет алдында эт жана өмүр экөө тең элестеди. Бармагы менен бычактын мизин жанып көрдү. Бычактын мизи да, учу да жалаңдап курч экен. Азыр аюуну качырып сала берип, жарып салуу гана калды. Бирок бир нерсени алдын ала сезгенсиген жүрөк түк-түк-түк согуп кабынан чыгып кетчүдөй лакылдады. Кыпчуур менен кыскансып, чекеси куушурулду,
кулактары чуулдап, көзү тунарды.
Өтө ыгы жок эрдикке, коркунучтун толкуну үстөмдүк кылып кетти. Ушундай алсырап турган кезде аюу качырып кол салса эмне болмокчу? Ал боюн керип кайраттангансыды, бычагын кармаган бойдон аюуну теше тиктеди. Аюу маймаңдап илгери басты, арткы буту менен туруп, бирок батына албай, тек гана ырылдады. Эгерде качып жөнөсө, айбан сөзсүз артынан кууп жөнөйт болчу. Бирок, бардык жазмышка бел байлап, ордунан кыймылдаган жок. Кайта өмүрдүн тамыры менен терең байланыштуу коркунучтан жан соогалап айбанча жаалдуу ырылдады.
Аюу эч нерседен тайманбай какыйып карап турган бул эки аяктуу жаныбардан айбыгып, батына албай айбаттуу ырылдап четке чыга берди. Коркунуч өтүп кетмейинче ордунан козголбой тикийип карап турду да андан кийин безгек кармагандай калчылдап, ымкыл эңилчектин үстүнө эт-бетинен кетти.
Азыраак өс алгандан кийин, дагы ар түрдүү жаңы коркунучтардан жапа чегип, илгери карай илкип жөнөдү. Эми ал ачкалыктан өлгөнүнөн коркпостон, зордук-зомбулук менен айбан колдуу болуп өлүү коркунучунан кооптонду. Тегеректе толгон карышкыр. Мейкин чөлдүн ар тарабынан алардын улуп-уңшугандары угулат. Желге дирилдеген чатырдын өңүрүндөй, калтылдаган колун өйдө көтөрүп, ушунчалык зор коркунучтуу сезимди тоскон сыяктанат.
Карышкырлар экиден-үчтөн топ-топ болуп, анын жолун тороп, кесип өтүп жатышты. Бирок жакындап келүүгө батынышпады — себеби, алар анчалык көп эмес болчу; экинчиден каршылык көрсөтө алышпаган бугуларга гана кол салууга үйрөнүшкөндүктөн, эки буттуу жаныбарлардын чапчып же тиштеп алууга жөндөмдүүлүгүнөн күдүктөнгөндөй чочулашып, кол ката алышкан жок.
Кечке жуук карышкырлар мүлжүп кеткен бир тарптын үстүнөн чыкты. Бул, мындан бир саат мурун оюн салып чуркап жүргөн бугунун музоосу болчу. Таптакыр кашкайта мүлжүлгөн, бирок али да болсо, каны кача элек мала кызгылт сөөктөргө суктанып карады. Мүмкүн, кечке чейин анын да шалдыраган гана сөөктөрү калабы, ким билсин? Өмүр деген түйшүктүү жана оомалуу-төкмөлүү болот эмеспи. Жалгыз гана өмүр убаралантууга накта себепкер. Өлүү анчалык кыйын эмес. Ал уктоо менен тең. Өмүр деген кыйналуунун акыры, тынчтык. Анда эмне үчүн ал өз жанын кыйгысы келбейт?
Бул ойго ал көп берилип отурган жок. Көп узабай жүйүртө баса чөк түшүп, али да болсо кызгылттанып турган сөөктөрдүн канын шимий баштады. Болор-болбос мала даамы калган таттуу эт анын напсисин ачып, өзөгүнө түшүп кетти окшойт, акылынан адаштырды. Сөөктөрдү азуу тиштерине салып, чымырканып кемирип кирди. Бирде сөөк, бирде өзүнүн тиши сынып жатты. Андан кийин сөөктөрдү таш менен жанчып үбөлөп, оозуна талкандай куюп, кээ бирин бүкүлү бойдон ирмеди. Шашкалактап өзүнүн манчаларын да былчыйта коюп алып жатты. Эмне үчүндүр манчаларынын ооругандыгын сезбегендигине өзү айран таң калат.
Укмуштуудай жаан-чачындуу күндөр да болуп өттү. Бирок ал кайсы жерде күн кеч киргенин, каерге токтогондугунун жана кайсы күнү жолго чыкканын баамдаган жок. Убакытты тандабай күндүр-түндүр жүрө берди, жыгылган жеринде жатып дем алып, басууга дарманы келгенде жолго чыгат. Акыл-эси ордундагы адам сыяктуу өмүр үчүн күрөшүүнү койду. Эми өмүр өзү өлгүсү келбей, аны алга карай сүйрөй баштады. Эми азап тартып, жапа чеккенин элес алган жок. Сезимдери абдан жансерек тартып мокоп, зээни жалаң гана укмуштуудай көрүнүштөр менен таттуу кыялга жык толду.

#31 09 Апрель 2016 - 19:07
Сөөктөрдү таш менен талкандай жанчып, кылдай кыпынын калтырбай жыйнап алып жолго чыкты. Ал эми дөбөчөлөргө да чыккан жок, суу кечип жылгалардан да өткөн жок, тек гана кең өрөөндү жарып аккан бир чоң өзөндү бойлоп, эңкейиштеп-
капталдап жүрүп олтурду. Көз алдынан чоочун элес кетпеди.
Бир күнү эртең менен жалпак таштын үстүндө кадимкидей акыл-эсине келди. Күн чайыттай ачык жана мемиреп ысык. Алыстан бугунун музоолорунун мөөрөгөндөрү угулат. Ал жаан-чачындуу күндөрдү эсине түшүрүүгө аракеттенди эле, бирок эки күнбү, же эки жумабы, айтор канча убакытка созулганын эсептеп чыгара албады.
Узакка кыймылсыз жатты. Мээримдүү күн жаркыраган нурун төгүп мээлүүн шооласы менен аянычтуу денесин мемиретип жылытты. «Күн жакшынакай, ачык болсо керек» деп ойлоду өз ичинен. Мүмкүн күндүн жылыганы боюнча өзүнүн кайсы жерде жатканын билүүгө болор. Өтө кыйналып жатып бир жак кырына оонады. Алды жакта мелмилдеген акырын аккан чоң өзөн жатат. Суу ага тааныш эмес. Бул аны таңдандырды. Сууну жай баракат көпкө карап туруп, анын тунжураган жапыс дөбөчөлөрүн аралап, буралып агып жатканын байкады. Дөбөчөлөр да мурунку көргөн дөбөчөлөргө караганда, андан да сүрдүү жана өтө жапыс. Өзүнө тааныш эмес суунун агымын көшүүн, эч кандай ыклассыз таңыркап, көзү жеткен жерге чейин ээрчип карап барып, анан жаркыраган тунук деңизде куюп жатканын көзү чалды. Буга адегенде алеп-желеп болуп кубанган жок. «Кызык! Бул күүсүнөн жанган элестин закымы же көрүнүшү чыгар» — деп ойлоду. Жалтыраган деңиздин ортосундагы якордо турган кемени көрүп, өзүнүн бул жалган оюна ишеними дагы күчөй түштү. Бир аз көзүн жумуп туруп, кайра ачты. Укмуш көрүнүш көз алдынан кеткен жок, баягы эле ордунда турду. Таң каларлык эч нерсе жок. Баягыда мылтыгынын дүрмөттөлбөгөнү кандай айкын болсо, деңиздин да, кеменин да жок экендиги ошондой айкын аны жакшы билет.
Ал арт жагынан, же онтоо эмес, же жөтөл эмес, айтор бир кышылдаган добушту укту. Чегине жетип калган алсыздыкты жеңип, араңдан зорго экинчи капталына оодарылды. Жакын жерде эчтеке көрүнбөйт, бирок чыдамдуулук менен добушту дагы күттү. Онтоо жана жөтөл дагы угулду. Өзүнөн жыйырма чакты кадам алыстыкта, эки арсак таштын ортосуна арта салынган боз карышкырдын башы көрүндү. Башка карышкырдын кулагындай кулагы тикчийбейт, көздөрү күңүрт канталап турат, башын жерге салып, үлдүрөйт. Дайыма бышкырып жөтөлгөнүнө караганда, ылаңдаган карышкыр болуу керек.
«Мына бу анчейин көрүнүш болбоо керек — деп ойлоду да, мурда ага күңүрт тартып, көшөгөлөп турган жарык дүйнөнү көрүү үчүн кайтадан экинчи капталына оодарылды. Деңиз мурдагы калыбында эле жаркырайт, кеме да айкын-ачык көрүндү. Мүмкүн, чынында эле ушундай болуп жүрбөсүн? Көзүн жуумп алып, көпкө ойлонду, акыры кайсы жерге келгенин түшүндү. Ал Диз дарыясынан алыстап, түндүк-чыгышты карай жүрүп олтуруп, Коппермайн дарыясына туш келген. Мына бу мелмилдеп жылып аккан жайык өзөн Коппермайн дарыясы экен. Ал эми тигил жаркыраган деңиз — Муз океаны болчу. Кеме болсо Маккензинин куймасынан алыс чыгышка сүзүп келип Коронация булуңунда турган кит улоочу кеме. Бир убактардагы Гудзон булуңундагы Компаниянын картасын эсине түшүрдү. Ошондо гана бардыгы айкын-ачык жана түшүнүктүү болду.
Ал башын көтөрдү, эң зарыл иштер жөнүндө ой жүгүрттү. Одеял-чулгоолорунун тамтыгы чыгып, буттары ташка айрылып, тилинип — кызыл жошо. Одеялдан бир айрык да калган эмес. Мылтыгы менен бычагы дайынсыз жоголгон. Баш кийминин кырындагы ширенкелери менен кошо каергедир түшүп калган. Жакшы жери койнундагы пергамент кагазга оролгон ширенкелер түгөл жана кургак бойдон сакталган болчу. Саатына караса, убакыт он бир экен. Кыязы, саатты унутпай кез-кезде бурап жүргөн окшойт.
Анын акылы өз жайында жана санаасы тынч эле. Аябай алсыраса да, эч бир ооруган жерин сезген жок. Оокаттангысы такыр келбейт. Ал турмак аны эстегенде жипкирип да жиберет. Өзү иштебегендин бардыгын акылы менен жайгаштырды. Шымынын багалектерин тизесине чейин айрып алып, бутунун баштарын жана таманын ороду. Эмне үчүндүр кичинекей челегин таштабай ала жүрүптүр. Кемеге карай оор жолго чыгуудан мурда ысык суу кайнатып ичүү керектигин ойлоду.
Бардык кыймылы өтө эле жай. Шал болгонсуп бүт денеси өзүнүкү эместей шалдаят. Кургак эңилчекти жыйнамакчы болуп, турууга узак убараланды, бирок тура албасына көзү жетип, эмгектеп жылды. Бир күнү ылаңдаган карышкырдын жанына жакындап жылып, барып калган экен. Айбан тилин алсыз жалмаңдатып тумшугун жаланып аргасыздан кетенчиктей берди. Карышкырдын тили кадимкидей кызыл эмес, эмнегедир саргыч-күрөң тартып, бүдүр-бүдүр, коңур кургак шилекей менен чапталышкансып турганын көзү чалды.
Суу кайнатып ичкенден кийин, обдулууга кымындай күчү калбаса да, эптеп-септеп өйдө туруп, илкип-калкып басууга жарады. Ар бир минут сайын токтоп, дем алууга туура келди. Жолоочу алсыз тамтаңдап буттарын араңдан зорго сүйрөсө, карышкыр да үлдүрөп, анын соңунан ээрчий басты.
Күүгүм кирип, жаркыраган деңизди караңгылык курчаган кезде жолоочу ага бүгүн төрт милдей жакындаганын божомолдоду.
Түн бою ылаңдаган карышкырдын жөтөлү, бугунун музоолорунун мөөрөгөнү ага угулуп жатты. Айлана тиричиликке толгон өз күчүндө, таза өмүргө толтура. Ал эми тигил оорулуу карышкыр адам андан мурунураак мерт болот деген үмүт менен анын соңунан калбай, ээрчип келетканын жолоочу толук түшүндү. Таң эртең менен көзүн ачар замат өзүн теше тиктеп жалмаңдап турган карышкырды көрдү. Жырткыч аябай жабыркаган, шилтиси түгөнгөн иттей башын шылкыйтып, куйругун шөпөйтүп сөлдүрөп турган. Жолоочу каргылданып угулар-угулмаксан кобураганда, карышкыр таңкы суук желге үшүп калтыраган кебетесинде тишин ырсайтып, ырылдамыш болуп, айбат көрсөткөнсүдү.
Жаркырап күндүн көзү көтөрүлөр замат, жолоочу мүдүрүлүп-жыгылып туруп, жаркыраган деңиздеги кемени көздөй жылып жөнөдү. Аба ырайы эң эле сонун, Түндүк кеңдиктин, байчечекейдин өмүрүндөй кыска жайы келген мезгил. Бул бир жумага созулат, же болбосо эртең же бүрсүгүнү жай өтүп кетиши ыктымал.
Түштөн кийин ал бир изге кездешти. Бул төрт аяктап эмгектеп жылган башка бир адамдын изи болчу. Мүмкүн бул Биллдин изи болуп жүрбөсүн деп, ой жүгүрттү. Бирок аны суз кайдыгер гана ойлонду. Эми ага акыры бир нерсени ойлоо жана кайгылануу деген сезими чыны менен эле жат болуп калган. Эч бир ооруган жерин сезген жок. Сезим мүчөлөрү жана карды бейкут уктагандай мемирейт. Бирок жанталашкан өмүр дале болсо алга сүйрөдү. Өтө каржалса да өмүрдү кыйган жок. Ошондуктан саздак жердин бүлдүркөнү жана чабактар менен өзөк жалгап, суу кайнатып ичип карышкырдан көзүн албай, өлүм менен алпурушуп жүрүп отурду.

#32 09 Апрель 2016 - 19:09
Ал жанагы төрт аяктап жылган башка адамдын изи менен келе жатып, көп узабай анын түгөнгөнүн — ымкыл эңилчектин үстүндө али сакталган карышкырлардын издерин жана мүлжүлгөн сөөктөрдү көрдү. Бул жерде дал өзүнүн тулубуна окшош чымчып буулган бугу терисинен жасалган тулуптун тиш тийбеген жери жок, тамтыгы калбай тытылып жаткан болчу. Мындай салмактуу нерсени өйдө көтөрүүгө анын манжаларынын кубаты жок болсо да, аны колуна алып ары-бери ала салдырып карады. Билл муну өмүрүнүн акырына чейин таштаган эмес экен, ха-ха! — деп Биллди табалап күлдү. Бул жолоочу тирүү калат жана тулупту тигил жаркыраган деңиздин ортосунда турган кемеге алып кетет. Карганын каркылдаганы сыяктуу тири укмуштуу күлкү менен ыксыз кырылдап күлгөндө, ылаңдаган карышкыр да ага кошулуп, алсыз үнүн чыгарып улумуш болду. Жолоочу күлкүсүн тып токтотту. Эгерде бул Билл болуп, андан калган тигил кызгылтым сөөктөр болсо кантип ал Биллди табалап күлөт?
Бул көрүнүштү карап тура албай, тескери бурулуп кетти. Чын, Билл аны таштап кеткен болчу. Бирок ал анын алтынын да албайт, сөөгүн да шимибейт. Эгерде Билл тирүү болуп, мен өлүп жатсам, анда ал баарынан тартынбайт эле — деп ойлоду сүйрөлүп жылып баратып.
Кичинекей бир көлчүккө кез келип, чабак балыктар бар болду бекен деп сууга эңкейе берип, суудан өзүнүн сөлөкөтүн көрүп, бир нерсе чагып алгандай кетенчиктеди. Өзүнүн эң эле укмуштуудай коркунучтуу кебетесин көргөндө, анын эч нерсени сезбей уктап калган сезими ойгоно түштү. Көлчүктө үч чабак балык жүргөн, бирок көлчүк аймактуу жана терең болгондуктан аны чакалап соолтууга мүмкүн эмес эле. Кичинекей челеги менен бир аз тосмолоп кармамыш болду, акыры колунан келбей турганын билип, ал аракетинен күдөр үздү. Алсыз неме сууга жыгылып кетип чөгүп кетемин го деп кооптонду. Мына ошол себеп менен суунун жээгинде ар түркүн жыгач устундарды сууга түшүрүп үстүнө отуруп, агым менен ылдый кете берүүүдөн да баш тартты.
Бул күнү кемеге чейинки аралыкты дагы үч милге, эртеси араң эки милге кыскартты. Анткени ал Биллге окшоп эмгектеп жылып калган. Бешинчи күндүн акырында кеме али да жети милдей алыстыкта турду, эми күнүнө бир да миль алга жылууга кудурети келбеди. Кыска жай азырынча аярдап турат. Жолоочу бирде эс-учунан танып, бирде эптеп боортоктоп жылат. Ылаңдаган карышкыр баягысындай бышкырып-жөтөлүп адамды акмалап ээрчигенин койбоду. Адамдын тизелери жана тамандары кызыл жошо болуп ташка сүрүлгөн. Көйнөгүнөн айрып алып таңымыш болгону менен, жылып өткөн жерге таштардын жана эңилчектин үстүндө созулган кызыл чийим так калтырып келе жатты. Кокусунан артына карай салып, кандуу изди жабыша калып ###### келе жаткан карышкырды көрдү да, эгерде ал өзү мурда жырткычтын көзүн тазалабаса, иш эмне болуп бүтөрүн ачык түшүндү. Мына ушундан баштап өмүр үчүн турмушта боло турган катуу күрөш башталды. Ээн талаада араң эмгектеген алсыз адам менен анын соңунан калбай сүйрөлүп келе жаткан ылаңдаган карышкыр бирин-бири аңдып, жекеме жеке арбашты.
Ким билет эгерде бул дени сак, кара жанды карч урган карышкыр болсо, анда адам мүмкүн каяша кылбай анын талабына моюн сунат беле! Бирок адам өзүнөн өзү жыгылганы турган өлмөсөк эмеге бекеринен жем болгусу келбей, катуу намыстанды. Ал кайта дагы эсинен танып, көзүнө кайдагы-жайдагы жок нерселер элестеп, жөөлүдү.
Бир маалда так кулагынын тушунан энтиккен демди сезип, эсине келип, селт көзүн ача койду. Карышкыр артка секире берем деп чөп-чарга чалынып, алсыздыгынан боюн токтото албай чалкасынан кетти. Бул адамдын күлкүсү келе турган иш болду, бирок тигил жылмайып да койгон жок. Жадаса чочуп кеткен да жок. Анткени коркуу дегенди такыр билбей калган. Анткени менен саал эсине келип, акылын жыйып, ой жүгүртө баштады. Кемеге төрт милден кем эмес жер калды. Тунарып караңгылаган көзүн сүртүп, кемени анык көрдү, ал гана эмес жаркыраган деңизди жиреп келаткан кайыктын далдайып тартылган парусу да даана көрүндү. Бирок бул төрт милдей аралыкты жылып өтүүгө анын чамасы такыр калган эмес. Буга жакшы түшүнүп турса да, эч бир камыраган жок.Төрт миль түгүл жарым миль жерге жыла албай тургандыгын жакшы билет. Ошондой болсо да жашагысы келди. Ушунчалык кыйналууну, азап-тозокторду баштан өткөргөндөн кийин өлүү — акылга сыйбай турган иш эмеспи! Тагдыр андан көптү талап кылды. Өлүм оозунда жатса да, ага багынган жок. Мүмкүн бул барып турган акылсыздыктыр, бирок өлүмдүн тырмагында жатып, кайта аны менен аябай көпкө күрөштү.
Эки көзүн жумуп, бардык күч-кубатын боюна жыюуга көпкө аракеттенди. Бүт боюн ташкындаган киргил суудай каптап алган алсыздыкка берилгиси келбей, чымырканды. Бул сезим толкундай көтөрүлүп, өзүнүн эс учун каптап кетип жатты. Кээде ал толкунга чөгүп, эстен танса, кээде белгисиз бир кайрат, акыркы күчү жардам берип толкундун бетине калкып чыгат.
Кыймылдабай чалкасынан жатып, акырын жакындап келе жаткан карышкырдын кырылдаган дабышын укту. Убакыт созулуп дабыш улам-улам жакындады. Адам кыймылсыз сулк жатты. Мына эми карышкырдын деми анын кулагынын тушуна келди. Датты сүрө турган кум кагаздай карышкырдын бодур катуу, кургак тили анын бетин тикендей тырмады. Аны кармагысы келип эки колун өйдө сунуп, имергенде, алсыз манжалары тарбайып араң бүгүлүп, абаны мыкчып тим болду. Так жана тез кыймылдоо үчүн күч керек го, мындай күч анда жок болчу.
Карышкыр жакшы эле чыдамкай экен, адам андан кем калышкан жок. Эсинен танып, эңгирөө менен кармашып көзү жумулса, канына тоюуга даяр турган тигил карышкырды, ыгы келсе аны өлтүрүп жеөгө ниеттенип түшкө чейин жатты. Кээ кезде аны эстен тануунун толкуну жаба коюп, узак түш көрөт. Бирок дайыма түшүндө да, өңүндө да кырылдаган демди угуп жана түктүү бодуракай тилдин сайгылаганын күтүп жатты.
Адам демди укпастан, тек гана колун ###### жаткан бодуракай тилден кытыгысы келип ойгонду. Бирок былк эткен жок.
Карышкыр көптөн бери кайтарып жүргөн жемине тиштерин тереңирээк батыруу үчүн күчүнүн бардыгынча тырышып азуулары менен уламдан-улам катуу кабыштырды. Бирок адам да аны көп күттү. Мына эми акыры анын колу карышкырдын жаак сөөктөрүнө жабышты. Карышкыр бошонуу үчүн дармансыз тырбалаңдады. Бирок адамдын алсыз манжалары жаакты коё берген жок, экинчи колу айбандын мойнуна арта салынды. Беш минуттай убакыттан кийин адам бардык салмагы менен карышкырдын үстүндө жатты. Муунтуп өлтүрүүгө колунун күчү жете албады, бирок адамдан амал качып кутулган жок, — карышкырдын тамагына тиштери жабыша түшүп, кылга оозун толтуруп, аткып-аткып алды. Жарым сааттан кийин ал тамагына куюлуп жаткан жылымчы нерсени сезди. Бул анын ичине коргошундун эритмесин зордуктап куюп жаткансып кыйналды. Бирок кантсе да чыдоого туура келди. Андан кийин адам чалкасынан оодарылып катуу уйкуга кетти.

#33 09 Апрель 2016 - 19:10
Кит улоочу «Бедфорд» аттуу кемеде илимий экспедиция менен бир топ адам бар болчу. Алар палубада19 турушуп жээкте кандайдыр бир укмуштуу кыймылдаган жаныбарды байкашты. Ал кумдун үстү менен араң кыбырап, деңизди карай жылып келаткан. Окумуштуулар айран таң калышты жана өтө эле кызыгышкандыктан,
өз көздөрү менен көрүү үчүн кайыкка отуруп жээкти карай сүзүп жөнөштү. Жээкке келип бир тирүү жанды көрүштү, бирок аны адам деп айтууга болбойт. Ал сүйлөмөк түгүл, эч нерсе укпайт жана түшүнбөйт, тек гана зор куртка окшоп бүрүшүп-жыйрылат,
кумдун үстүндө сулк жатыптыр. Тырп этүүгө алы болбосо да, далбас уруп, ийрилип-жыйрылып саатына жыйырма кадам алга жылымыш болгон экен.
Үч жума өткөндөн кийин адам кит улоочу «Бедфорд» кемесинин койкасында жатып, көзүнүн жашын көлдөтүп, өзүнүн ким экендигин, башынан кандай окуяларды өткөргөндүгүн айтып берди. Ал аңгемесинде энеси жөнүндө, түштүк Калифорния жөнүндө, апельсин дарактарынын арасында гүлгө бөлөнгөн үйү жөнүндө сөзүнүн баш-аягы жок дайынсыз кобурады.
Бир нече күн өткөндөн кийин окумуштуулар, кеменин капитаны менен бирге столдо оокаттанып отурду. Бир чети тамак-аштын көптүгүнө сүйүнсө, бир чети башка бирөөлөрдүн жеген-ичкен тамактарын ээрчий карап, ичинен кейип капаланат. Кадимкидей толук акылында болсо да, столдо оокаттанып жаткандардын бардыгын кыртышы сүйбөй алардан оокатты кызганып, тамак-аш жетпей калуу коркунучу ар дайым көкөйүн кесет. Ашмачыдан, юнгадан20 жадаса капитандын өзүнөн кемедеги тамак-аштын жетиштүүлүгү жөнүндө үзбөй сураштыра жүрдү. Ал турмак, алардын бир нече ирет айткандарына ишенбей өз көзү менен көрүү үчүн, уурданып азык-түлүк сакталуучу жайды текшерип да чыкты.
Анын эпсиз семирип бара жаткандыгы билине баштады. Күндөн күнгө семире берди. Окумуштуулар таңданып, башын чайкашып, ал жөнүндө ар кимиси ар кандай пикир айтышты, ой жорушту. Оокатты ченем менен беришти, ошентсе да барган сайын туурасы өскөндөн өсүп, ичи чыкты.
Матростор өз ара күлкү кылышчу болду, анткени алар бул эмнеликтен экенин билише турган. Окумуштууларга, качан гана өздөрү тымызын байкоо жүргүзүшкөндөн кийин бардыгы дайын болду. Күндөрдүн биринде эртең мененки оокаттан кийинки бакка21 барып матростордун бирине кайырчыга окшоп колун сунуп бирдеме сурап жатканын көрүштү. Матрос күлүмсүрөп туруп, бир сындырым сухарын карматты. Тигил ач көз адам алтынга умтулгандай шап илип алып, суктана карап туруп, койнуна катты. Ушундай «сыйды» башка матростордон да алган болчу.
Окумуштуулар унчугушпай, өз жайына коюшту. Бирок тымызын барып, койкасын карашты. Койканын асты-үстү, матрац сухарга жык толгон, бурчтарга сухарь жыйнап койгон. Бирок ошентсе да, толук өз акылында болчу. Анын бүт аракети эгерде экинчи ачкачылык боло калса, кор болбоодон сактанганы. Окумуштуулар муну бара-бара өзүнөн-өзү жоголо тургандыгын айтышты. Чынында эле, «Бедфорд» Сан-Франциского барып якорго тургуча, ал кадимкидей акылына келип, убактылуу оорусунан айыкты.
1905.

#34 10 Апрель 2016 - 15:49
ЖАЛГАН КҮНДӨРДҮН ШООЛАСЫН ЭЭРЧИП.
Ситка Чарли оозуна канжасын тиштеген бойдон «Полис-газеттин» дубалга чапталган бир сүрөтүн көпкө үңүлө тиктеп турду. Андан жарым саатча көз айырган жок, бирок улам алдыртан тымызын ага көз жиберип байкап турдум. Анын башына кандайдыр бир ой түшкөнсүдү — кандай ой экенин кудай билсинби, иши кылып кызык болуу керек. Ал өз өмүрүндө көптү көрүп, далайды башынан өткөрдү жана укмуштуудай өзгөрүп кетүү да колунан келди: ал өз элинен четтеп, колунан келишинче бүт дити менен ак адам болуп кетти. Биздин ортобуздагы жылуу жайга келип, отко жылынып биздин өз кишибиздей болуп калганын өзү да айткан болчу. Канткен менен ал окуганды, жазганды үйрөнө алган жок, бирок сүйлөөгө келгенде сөз берчү эмес, тилди эң сонун билчү, сүйлөшүүдөгү ак адамдын ой-пикирин, акылын, кыял-жоругун майын чыгара үйрөнгөн.
Биз керели-кечке оор жол жүргөндөн кийин, ээн алачыкка туш келдик. Иттерге болсо оокат берилген, кечки тамактан кийин казан-аяк да жуулду, эми биз бутту-колду керип, Аляскада жол жүргөндөр үчүн суткасында бир эле жолу келүүчү жыргалчылыкка батып — жатаардын алдында канжа тартып, ыракаттанып отурдук. Бизден мурда конуп кеткендердин бирөө алачыктын дубалдарына журнал менен газеталардын сүрөттөрүнөн чаптап коюптур, мындан эки саат мурда — биз биерге келгенден бери Ситка Чарлинин көңүлүн бурган мына ошол сүрөттөр болду.
Ал улам бирөөнө көз жиберип, сүрөттөрдү кунт коюп териштирип жатты; мен анын эмнегедир таң калып, түшүнбөй, кыйналып жатканын байкадым.
— Эмне экен? — дедим акыры жымжырттыкты бузуп.
Ал оозунан канжасын алды да, жай гана
— Түшүнбөй жатам, — деди.
Кайта канжасын оозуна салып сорду да, кайта колуна алып, анын мүштөк жагы менен «Полис-газеттин» сүрөттөрүн жаңсап көрсөтүп:
— Мынабу сүрөт. Бул эмне деген сүрөт? Түшүнбөй койдум, — деди.
Мен көз чаптырдым. Укмуштай түрү суук бир адам жүрөгүн мыкчыган бойдон жерди карай эт-бетинен кулап баратат. Адонис иреңденген жазалоочу периште сыяктуу бирөө оозунан түтүнү тарай элек тапанчасын кармаган бойдон анын бет маңдайында турат.
— Кандайдыр бир адам бирөөнү өлтүрүп жатат окшойт, — демиш болдум. Себеби — ал сүрөттүн маанисине өзүм да так түшүнө албай, деңдароо болуп, тийиштүү жооп издеп таба албасымды сездим.
— Эмне үчүн? — деп сурады Ситка Чарли.
— Билбейм, — деп чынымды айттым.
— Бул сүрөттө окуянын аягы гана көрсөтүлгөн — деди ал. — Башталышы болсо жок.
— Бул турмуш да, — дедим.
— Турмуштун башталышы болот, — деди ал макул болбогонсуп.
Мен унчукпай калдым, ал болсо дагы бир башка — эркек ак куу жана ургаачы ак куу деген сүрөткө бурулду.
— Мына бу сүрөттө башталышы жок, — деди ал, — Аягы да жок.
Мен сүрөткө таптакыр түшүнбөйт окшойм.
— Мына муну карап көрчү, -дедим үчүнчү сүрөттү көрсөтүп. — Мунун өзүнчө бир белгилүү мааниси бар экен. Сен ага кандайча түшүнөсүң?
Ал аны бир нече мүнөт тиктеп турду.
— Кыз оору экен, — деди бир топтон кийин. — Тиги доктор, аны көрүп жатат. Алар түн бою уктабай чыгышыптыр: көрдүңбү, чыракта май аз калыптыр, терезеден таңдын шооласы байкалып турат. Оорусу катуу экен, кыздын өлүп калышы да мүмкүн, анткени доктордун кабагы салыңкы. Бул болсо кыздын энеси. Оорусу катуу болгондуктан кыздын энеси башын столго коюп, ыйлап жатат.
— Иреңи көрүнбөйт, ыйлап жатканын кайдан билдиң? — дедим анын сөзүн бөлүп. — Мүмкүн уктап жаткандыр?
Ситка Чарли таң калгандай мен жакты жалт карап алды да, кайра сүрөттү карады. Анын түшүнүгү так эмес экендиги ачык байкалып турду.
— Мүмкүн, уктаса уктап жаткандыр, — деди ал макул болгонсуп. Андан кийин назарын салып, үңүлө тиктеп турду да: — Жок, уктаган жок. Уктабаганы ийнинен билинип турат. Мен аялдардын ыйлаганын көп көргөм — ийиндери ушинтип солкулдай түшөт. Энеси ыйлап жатат. Оорусу абдан катуу экен.
— Мынакей, сүрөттүн маанисине түшүнүпсүң — дедим.
Ал кайгырып, башын чайкап:
— Кыз өлөбү? — деп сурады.
Бул суроого мен жооп бере алганым жок.
— Ал өлүп калабы? — деди Ситка Чарли суроосун кайталап. — Сен сүрөтчү эмессиңби. Мүмкүн, билээрсиң?
— Жок, билбейм, — деп чынымды айттым.
— Бул турмуш эмес, — деп ал акыл-насаат айта баштады. — Турмушта же кыз өлөт эле, же айыгат эле. Турмушта кандайдыр бир өзгөрүү болот. Сүрөттө болсо эч кандай өзгөрүү жок. Жок, бул сүрөттөргө түшүнбөйм.
Ал абдан ыза болгонсуду. Ак адамдар билгендин баарына түшүнгүсү келди, бирок азыр ал ою ордунан чыкпай калды. Анын сөзүнөн да ошондой чакырык сезилип турду: бул сүрөттөрдүн бардык маанисин ийне: жибине чейин далилдеп ага түшүндүрүп берүүм керек эле. Анын үстүнө анын көз карашында кандайдыр бир эң күчтүү кыял бар болчу, — мен аны көптөн бери сезип жүргөм. Ал бардык нерсени өз көзү менен даана көргөндө гана элестетчү, турмушту да үстүртөн элестетчү, үстүртөн сезүүчү жана ал жөнүндө образдуу ой жүгүртчү. Бирок, башкалар жасап боёк менен чийимдердин жардамы аркылуу полотнойго түшүрүлгөн элестерге түшүнчү эмес.
— Сүрөт — турмуштун бир гана бөлүкчөсү, — дедим. — Биз турмушту көргөнүбүздөй сүрөттөйбүз. Мисалы, Чарли, сен, жалгыз аяк жол менен кетип баратасың дейли. Түн. Бет алдыңдан кичинекей кепе кездешти. Терезеси жарык. Сен бир-эки секунд терезеге көз чаптырдың. Көзүңө бирдеме урунду, андан ары кете бердиң. Мисалы, сен үйдөн киши көрдүң дейли, ал кат жазып отурат. Башы да, аягы да жок бирдеме көрдүң. Эч кандай өзгөрүш кыймыл болгон жок. Баары бир сен турмуштун бир кичинекей бөлүкчөсүн көрдүң. Аны кийин эстейсиң. Сенин эсиңде бир сүрөт калат. Ал, баягы терезенин алкагындагы сүрөт.
Ал абдан таң калды. Менин айткандарымды кызыгып угуп жатып, дал ошол учурда терезени карап, кат жазып жаткан кишини көргөнсүп жатканын мен билип турдум.

#35 10 Апрель 2016 - 15:51
— Сен бир сүрөт тартыпсың, мына ошонуң мага абдан түшүнүктүү,
— деди ал. — Чындык. Мааниси да терең. Бир топ киши Доусондогу алачыгыңа чогулушуп, столду тегеректей отурушуп, кумар ойноп жаткан экен. Акчаны ченемсиз көп сайган экен.
— Ченемсиз акчаны көп сайганын кантип билдиң? — деп сурадым толкунданып, себеби — менин чыгармачылыгымды калыс сот баалап жаткан эле, ал сот турмушту гана билет, искусство менен тааныш эмес, ал эми чындык жагын болсо эч кимден сурабайт. Чынын айтсам, дал ушул сүрөтүмдү өзүм да жогору баалачумун. Ага мен «Акыркы саам» деген ат койгом жана мыкты чыгармаларымдын бирөө деп эсептечүмүн.
— Столдо акча жок, — деп түшүндүрдү Ситка Чарли. — Акча ордуна жүрө турган кагаздар менен ойноп жатышат. Демек банкадагынын баарына доо коюп жатышат. Бирөөнүн колунда ар бирөө бир миң же эки миң доллардык сары кагаз. Экинчисинде — бирөө беш жүз же бир миң доллардык кызыл кагаз. Эң эле чоң оюн. Акчаны көп сайып, банкага бүт доо коюп жатышат. Муну мен кайдан билдим? Сенин карта берип жаткан кишиңдин чекеси ымшып, бети кыпкызыл болуп, албырып турат. (Мен таң калдым). Сенин карта алып жаткан кишиң отургучта алга жүткүнүп отурат. Ал эмнеликтен алга жүткүнүп отурат? Эмне үчүн анын иреңи сустайып, тиштенип, көзү тикирейип, чанагынан чыгып кете жаздап турат? Эмне үчүн карта берип жаткан кишинин бети кыпкызыл болуп, албырып турат? Эмнеликтен отургандардын баары катып калгандай мисиреет? Сары кагаз кармаган киши да? Ак кагазчан киши да? Кызыл кагазчан киши да? Эмне үчүн баары тең үн катпай отурушат? Себеби, абдан чоң оюн болуп жатат, себеби — оюндун акыркы саамы жүрүп жатат.
— Акыркы экенин кантип билдиң? — деп сурадым.
— Банк найзада, жетилик ачылып жерде жатат, — деп жооп берди ал. — Өз карталарына ойногон эч ким жок. Өз карталарын мындай таштап коюшкан. Баарынын тең көздөгөнү бирөө. Баары тең жетиликке ойноп жатышат. Банк же, жыйырма миңден ажырайт, же утат. Мына, бул сүрөткө мен түшүнөм!
— Баары бир оюн кандай аяктаганын сен билбейсиң да! — дедим шаңданып.
— Бул оюндун акыркы саамы, бирок карталар алиге ачыла элек. Сүрөттө алар ачылбаган бойдон кала берет. Ким утуп, ким уттурганы да дайынсыз бойдон кала берет.
— Алар ушинтип унчукпаган бойдон отура беришеби? — деди ал таң калгансып жана үрөйү учуп. — Карта алып жаткан адам да алга жүткүнгөн бойдон отура береби? Карта берип жаткан кишинин бетиндеги кызылы тарабаган бойдон калабы? Кызык экен! Алар орундарында түбөлүккө отуруп калышат турбайбы. Карталар да ачылбаган бойдон калат экен да.
— Бул сүрөт, — дедим. — Бул турмуш. Мындай окуяны сен өзүң да көргөнсүң жана кезиктиргенсиң.
Ал мени карап, ойлонуп туруп, андан кийин жай гана:
— Ооба, сен чын айтасың… Мунун аягы жок. Аны эч ким билбейт. Бирок, бул чындык. Мен көргөм. Бул турмуш, — деди.
Ал өз ичинде ак адамдын чыгармачылык эмгегин баалап жана аны турмуштук кубулуштарга салыштырып, канжасын тартып, көпкө унчукпай турду. Кээде башын чайкайт, бир эки жолу угулар-угулмаксан өзүнчө күң-
күлдөп койду. Андан кийин канжасынын күлүн кагып түшүрүп, ага дагы шашпай тамеки толтурду да, бир аз ойлонуп туруп, тутандырып, тарта баштады.
— Ооба, мен да турмуштун сүрөттөрүн көп көрдүм, — деди ал акыры. — Ал сүрөт тартылган эмес, өз көзүң менен көргөндөрүң. Мен аны жанагы кат жазып отурган кишини көргөнсүп, өзүнчө бир терезеден көрдүм. Турмуштун аягы-башы жок, ачык мааниси жок бөлүкчөлөрүн эң көп көрдүм.
Ал мага жалт бурулуп, ойлоно теше тиктеп туруп:
— Угуп турчу. Сен сүрөтчү эмессиңби. Бир кезде турмуштун баш-аягы түшүнүксүз бир сүрөтүн көргөм. Түндүктүн шооласы жарык кылган жана Алясканын алкагына коюлган бул турмуштун бир бөлүгүн сен кандайча тартар элең? — деди.
— Чоң сүрөт экен, — дедим.
Бирок ал менин сөзүмө көңүл бурган жок. анткени анын көзүнө эстеликтен калган качанкы бир сүрөт элестеп жаткан болчу.
— Ага ар кандай ат коюуга болот, — деди ал сөзүн улантып. — Бирок аякта жалган күндөр көп болгондуктан, мен ага: «Жалган күндөрдүн шооласын ээрчип» деген ат ойлоп таптым. Бул алда качан болгон окуя эле. Мен ал аялды биринчи жолу мындан жети жыл мурун, бир миң сегиз жүз токсон жетинчи жылы күзүндө кезиктирдим. Менин Линдерман көлүндө питерборустук жакшынакай кайыгым бар болчу. Доусонго алып бараткан эки миң катты көтөрүп Чилкутту ашып түштүм — анда мен почточу болчумун. Анда жан-жаныбардын баары Клондайканы көздөй жулкунуп жаткан кез. Жолдо эл көп. Көбү бакты жыгып алып, кайык жасап жаткан. Аз күндө суулар токтойт; абада да, жерде да карды, көлдү да, агын өзөндөрдү да булун-бурчу менен муз каптайт. Күн өткөн сайын кар да, муз да калыңдай берет. Же бир күндөн кийинби же үч күндөн кийинби, же бир жумадан кийинби суук түшүп, аяз кармаса, суу жоголуп, жалаң гана муз калат, мына ошондо жөө жүрүүгө туура келет. Доусонго чейин алты жүз миль — узак жол. Кайык болсо тез жүрөт. Баарынын тең кайыкка түшкүлөрү келишет: Баары: «Чарли, кайыгыңа сала кет, эки жүз доллар берем», «Чарли үч жүз доллар», «Чарли, төрт жүз» дешет. Бирок мен: «Жок» дейм. Бардыгына тең: «жок», почточумун дейм.
Бир күнү эртең менен Линдерман көлүнө келдим. Түн бою жөө жүрүп, абдан чарчагам. Оокат даярдап ичип, жээкке жатып, үч саат уктадым. Ойгонсом саат он. Кар жаап жатат. Катуу шамал, болгондо да бороон-чапкын. Мындай карасам — маңдайымда кардын үстүндө бир аял отурат. Ак аял, укмуштай сулуу, жаш, — же жыйырма, же жыйырма бештер чамасында. Ал, мени тиктейт, мен аны тиктейм. Аябай чарчаган. Шайкелең аялга окшобойт, дурус неме экени сырткы кебетесинен эле көрүнүп турат. Аябай чарчаганы да байкалып турат.
— Ситка Чарли сенсиңби? — деп сурады.
Мен өйдө туруп, жууркандын ичине кар кирбесин үчүн аны оңдоп, кагып күбүдүм.
Мен сенин кайыгыңа түшүп, Доусонго барам, — деди ал. — Канча аласың?
Мен кайыгыма эч кимди алчу эмесмин, бирок «жок» деп айткым келбеди. Мен ага:
— Бир миң доллар, — дедим.
Мен бул сөздү, аял мени менен кете албагандай болсун дегенсип тамаша катары айта салдым; «жок» дегенден көрө ошенткеним жакшы эмеспи деп ойлодум. Аял мени көпкө тиктеп туруп, андан кийин:
— Качан жолго чыгасың? — деп сурады.
— Азыр.
Андан кийин ал:
— Болуптур, — деди.
Аял мага бир миң доллар берет.
Эмне айла кылыш керек? Аялды ала кетүүгө көңүлүм чапкан жок, бирок бир миң долларга жеткирүүгө өзүм сөз берип койбодумбу. Айран-таң калдым. Мүмкүн, ал да тамаша кылып жаткандыр?
— Көрсөт бир миң долларыңды, — дедим.
Мына ошол аял, чүмкөгөн адырлардын арасында жападан жалгыз жаш аял бир миң доллардык кагаз акчаларды сууруп чыгып, колума карматты. Бир акчаны, бир аны карайм. Эмне десем?
— Жок, кайыгым эң эле кичинекей. Жүк бата турган орун жок, — дедим.
Ал күлүп:
— Мен — таасыган саякатчымын. Мына менин бар болгон жүгүм деп, кардын үстүндөгү түйүнчөктү буту менен тээп койду. Анда: кендир кездемеге оролгон экн жылуу жамынчы жана аялдын азыраак кийим-кечеги бар экен. Таңылчакты колума алып, салмактап көрсөм — отуз беш кадактан аша турган эмес. Айран-таң калдым. Аял колуман таңылчакты жулуп алды да:
— Кеттик, — деди.

#36 10 Апрель 2016 - 15:52
Ал таңылчакты кайыкка алып барып, отурду. Эмне дейсиң? Өзүмдүн төшөгүмдү кайыкка алып барып салдым. Жөнөдүк. Шамал катуу согуп турат. Кичине парусту кердим. Кайык тоодой түрмөктөлгөн толкундардын үстүнөн тим эле куштай сызып жөнөдү. Аял аябай коркуп кетти.
— Корко турган болгондон кийин Клондайкага эмнеге келдиң? — деп сурадым.
Аял жооп катары каткырып күлүмүш болгону менен, катуу корккону көрүнүп турат. Аял абдан чарчады окшойт. Суунун күрүлдөп, шар аккан жеринен кезип, Беннет көлүн көздөй кайыкты бурдум. Суу долуланып буркан-шаркан түшүп агып жатат, аял коркконунан чаңырып жиберди. Беннет көлү менен сүзүп жөнөдүк. Кар, муз аркырап беттен урган шамал, бирок аял аябай чарчагандыктан уктап кетти.
Кечинде Уинди-Армга түнөдүк. Аял коломтонун жээгинде отуруп, тамак ичип жатты. Мен андан көз айырбай тиктеп отурам. Ал абдан сулуу. Чачын таранды. Коюу, кара коңур чачы оттун жарыгына чагылышып алтынга окшойт, кокус башын мына мындай бурса, тим эле алтындай жалтылдайт. Чоң кара көздөрү кээде көшөгөнүн ары жагындагы шамдын жарыгындай моймолжуп ыймандуу болсо, кээде күндүн нуруна жалтыраган музга окшоп каардуу балбылдайт. Жылмайганын кандай деп айтсам?.. анын жылмайганы менин түшүнүгүмчө: ак адамдын өпкөнүнө абдан жарашыктуу. Ооба, дал ошондой! Ал кара жумушту эч качан билген эмес окшойт. Анын колдору баланын колундай жумшак, назик. Айтор, анын бардык тула-бою, турпаты баланыкындай назик — анчалык чың болбосо да жумшак; колдору, буттары, бардык булчуңдары да баланыкындай назик жана жумшак. Тулку-бою шыңга жана ичке. Анын өйдө турганы, ары-бери басканы, жалт караганы, колун көтөргөнү, сунганы… сөз таап айта албайм, карап эле тургуң келет, айтор… айтор, сын-сыпаты — жакшы кайык сыяктуу зымпыйып турат, — Ооба, ооба, дал ошондой; анын кыймылы да мемиреген суунун үстүндө жылып же көбүктөнгөн толкунда сызып бараткан жакшы кайыктың кыймылындай. Көз айырбай карап тургун келет.
Толгон акчасы менен жападан жалгыз Клондайкага эмнеге келди? Билбейм. Эртеси күнү мен андан сурадым. Ал күлүп:
— Ситка Чарли, аны менен сенин ишиң болбосун. Мени Доусонго жеткирүү үчүн сага мен миң доллар төлөйм. Башкасында сенин ишиң болбосун, — деди.
Анын эртеси күнү аты-жөнүн сурадым. Күлдү да, андан кийин:
— Мэри Джонс, билгиң келсе, — деди.
Аты ким экенин билбейм, бирок Мэри Джонс эмес экенин жакшы түн1үнүп турдум .
Кайыктын үстү аябай суук, ал үшүй баштады. Кээ кезде кайраттанып жакшы боло түшкөндө ырдап коёт. Анын үнү коңгуроодой шаңкылдайт. Мен Святой Крест чиркөөсүндө отургансып, көңүлдүү бараттым. Анын ырынан улам күч алып, тим эле калакты укмуштуудай айдай баштадым. Андан кийин ал күлүп туруп:
— Суу тоңгончо Доусонго жете алабызбы? Сен кандай деп ойлойсуң, Чарли? — деп сурады.
Кайыкта отуруп кээде алыс жакка көз жиберип эмне жөнүндөдүр мелтирей көпкө ойлонот! Көз карашында Ситка Чарлини да, музду да, карды да көзүнө илбегенсийт. Анын ою кайдадыр эң алыс жакта. Кандайдыр алыс жак жөнүндө кайта-кайта ойлончу. Ошол алыс жакты ойлонгон убакта анын иреңи бузулуп, кумсарып кетет, адам дит багып кароого чыдай албайт. Иреңи катуу каарданган адамдын иреңине окшоп кетет. Бирөөнүн канын төгүүгө, бир жаңжал чыгарууга баш койгон адамдын кебетеси эле.
Доусонго жетээрге бир күн калганда жол жүрүү өтө оор болду. Булуң-бурч, жээктин баары муз, суунун үстүнө муздун кертиндилери калкып чыкты. Күрөөгө болбойт. Кайыкты муз кармап, тоңуп калат. Жээкке чыгууга мүмкүн эмес. Иш жаман. Юкон дарыясы менен төмөн карай сүзүп баратабыз — жол жыш муз. Түн ичинде муздун катуу шуулдаган дабышы угулду. Андан кийин муз акпай токтоп калды, кайык да токтоду, баары токтоду.
— Жүр жээкке, — деди аял.
Мен:
— Жок, күтө турганыбыз оң, — дедим.
Кайтадан бардыгы аз-аздан өзөн менен төмөн карай жыла баштады. Кар жаап кирди, айлана көзгө сайса көрүнгүс. Түнкү саат оң бирде бардыгы токтоду. Саат бирде кайтадан жылды. Үчтө токтоду. Кайык жумуртканын кабыгындай былчырады, бирок чөгүп кеткен жок, анткени муздун үстүнө чыгып калган. Иттердин үргөнү угулат. Күттүк. Уктап кеттик. Таң агарып, сөгүлө баштады. Кар басылып калыптыр. Өзөн акпай, токтоп калган. Биздин дал эле бет алдыбызда Доусон турат. Кайык так эле Доусондун жанына келгенде кыйраптыр. Ошентип Ситка Чарли эки миң катты эң акыркы суу менен жеткизди.
Аял дөбөдөгү кепенин бирөөнө жайланышты, мен аны бир жума көргөнүм жок. Анан бир күнү күтпөгөн жерден мага келди да:
— Чарли, жүр мага кызматчы бол. Чанага чегилген иттерди айдайсың, түнкү коно турган жайды камдайсың, мени менен бирге жүрөсүң, — деди.
— Мен почточумун, — дедим, — тапкан кызмат акым өзүмө жетет.
Аял болсо мага:
— Чарли, мен көп төлөйм, — деди.
— Кен казуучу бир күндө он беш доллар алат, — дедим.
Аял:
— Демек бир айда төрт жүз элүү долларбы? — деди.
— Ситка Чарли кенчи эмес да, — дедим.
— Билем, Чарли, — деди аял. — Мен сага айына жети жүз элүү доллардан төлөйм.
Бул абдан жакшы айлык акы. Мен ошентип аялга иштөөгө бармак болдум. Биз Клондайканы, Бонанзени жана Эльдорадону, Индей өзөнүн, Серный суусун өйдө бойлоп, Канадага чейин барып, кайра тартып, эки айрыкты Чуңкурду жана Алтын Топуракты басып, Доусонго кайтып келдик. Аял бирдеме издегенсийт, бирок эмне издегенин билбейм. Айраң-таң калдым.
— Сенин издегениң эмне? — деп сурадым.
Аял күлүп коёт.
— Издегениң алтынбы?
Дагы күлүп койду. Анан:
— Анда сенин ишиң болбосуң, Чарли, — деди.
Ошондон кийин мен ага суроо бергенди койдум..
Анын белине кыстарып жүргөн кичинекей тапанчасы бар. Кээде жолдо атып көнүгөт. Мен күлөм.
— Эмне күлөсүң, Чарли? — деп сурайт аял.
— Муну менен эмне үчүн ойнойсуң? — деп сурадым. — Эчтекеге жарабайт. Эң эле кичинекей. Баланын оюнчугу.
Доусонго кайтып келерибиз менен кадимкидей чоң тапанча таап берүүнү менден суранды. Кырк төртүнчү калибрдүү тапанча сатып бердим; аябагандай оор; бирок аны да белинен түшүрчү эмес.

#37 10 Апрель 2016 - 15:54
Доусонго бир киши пайда болду. Каяктан келгенин билбейм. Билгеним гана — ал чечако, бизче — эне сүтү оозунан кете элек бала, же келгин киши деген сөз. Тиги аялдын колуна окшоп, анын да колдору назик. Кара жумушту эч качан көрбөгөн. Бүткүл турпаты назик. Адегенде мен болду-болбоду күйөөсү деп ойлодум. Жок, өтө эле жаш. Анын үстүнө бөлөк жатышат. Өңүнө караганда анын жашы жыйырмаларда.
Көздөрү көк, чачы сары, муруту да сары. Аты Джон Джонс. Мүмкүн, инисиби? Билбейм. Мен суроо бергенди токтотком. Иши кылып, менимче анын аты Джон Джонс эмес. Бардыгы аны мистер Джирвэн деп чакырышат. Менин оюмча бул да анын анык фамилиясы эмес. Аялды да мисс Джирвэн дешет, бирок ал мисс Джирвэн эмес. Менимче, алардын анык аттарын эч ким билбейт.
Бир күнү түн ичинде Доусондо уктап жаткан жериме жигит келип мени ойготуп:
— Иттерди кош. Кеттик, — деди.
Мен суроо бергенимди койгонмун, туруп иттерди чанага коштум, биз жолго чыктык.
Юконду бойлоп ылдый кеттик. Түн түшкөн мезгил, ноябрь айы, аябагандай суук: нолдон төмөн алтымыш беш градус. Аял да назик. Жигит да назик. Суук болсо каарып турат. Алар абдан чаалыкты, өздөрүнчө тымызын ыйлашат. Мен аларга: «Андан көрө токтоп, өр алалы» дейм. Бирок алар: «Алга» дешет. Мен токтоп эс алалы деп экинчи жана үчүнчү жолу айттым, бирок алар ар дайым: «Алга» дешет. Андан кийин мен аларга ооз ачканды койдум. Ошентип, күндөн күн өттү. Алар өтө эле назик. Суукка көк муштум болуп үшүп, аябай кыйналышты. Тери чокойго-көнбөгөн немелер буттарын жоорутушту, аксашат, мас болгон адамдай ары-бери араң теңселишет, тымызын ыйлашат, бирок ар дайым: «Алга! Алга!»— дегени деген.
Алар тим эле жин ургандай, ар дайым алга жана алга дешет. Эмне үчүн алга? Билбеймин. Бирок, алга гана жылуу керек. Аларга эмне керек? Билбейм. Бирок алтын үчүн эмес. Аларды алтындын зээри шаштырган жок. Анын үстүнө толуп жаткан акча сарп кылышат. Бирок, мен суроо бергенди токтотком. Мен да алга жана алга кете бердим, анткени — мен чыдамкаймын жана мага акыны арбын төлөшөт.
Биз Серкл шаарына келдик. Алардын издегени аерде да жок болуп чыкты. Эми өзүбүз да эс алып, иттерди да тыныктырабыз го деп өз ичимен ойлодум. Бирок биз эс алган жокпуз — бир күн да өр алган жокпуз.
— Тур — дейт аял жигитке. — Кеттик.
Ошентип биз алга жөнөйбүз. Юкон артта калды. Батышты карай бет алып жөнөдүк, эки айрыктан өтүп, Танананын четине кирип бардык. Ал жерде жаңы кендер ачылган. Бирок, алардын издегени аерден да табылбады, Серклге кайра келдик.
Жол жүрүү абдан оор. Декабрь айынын аягы. Күн кыска. Чыкыроон суук. Бир күнү эртең менен нөлдөн төмөн жетимиш градус болуптур.
— Бүгүн жолго чыкпаганыбыз оң, — дедим. — Муздак аба өпкөгө барып тийип, анын тегерек-четин куруштурса, айланы кетирген жөтөл башталат, ал эми жазында, жаман айтпай жакшы жок, кагын оору жабышуу да мүмкүн.
Бирок, алар чечако да. Жол жүрүү эмне экенинин жытын да билишпейт, чаалыккандарынан жыгылганы турушса да:
— Алга! — дешет.
Ошентип биз алга кетебиз. Суук алардын өпкөсүн куруштуруп, тыкылдаган кургак жөтөл башталды. Жөтөлгүдөй болушса, көздөрүнөн чыккан жаштары беттеринен ылдый он талаа болуп агат. Мен май куурганда алар оттун жанынан оолак качышып, кардын үстүнө барып, жарым саат жөтөлүп келишет. Алардын беттерин суук чалып, бети карайып, ооруп, аябай абагер чегишти. Андан тышкары жигит баш бармагын суукка алдырып жиберип, тырмагы тегеренип түшүүгө аз эле жерден кармалып турат, демек аны жылуу алып жүрүш үчүн тери мээлейдин ичинен дагы жылуу мээлей кийүүгө туура келет. Ал эми катуу чыкыроон суук күнү бармак зыңкыйып үшүгөндө, жылытыш үчүн кол капты чечип, колун колтугуна тыгууга туура келет.
Серклге илең-салаң болуп араң жеттик. Жадегенде мен, Ситка Чарли өзүмдү аябай жанчылып-чарчагандай сездим. Рождество арапасы. Мен ичип-жеп алып бийлейм, көңүл ачам: анткени эртең рождество, эс алабыз деп ойлодум. Балакеттиби. Эртең мененки саат беш. Рождество. Уктаганыма эки саат болгон. Жигит менин төшөгүмдүн башына келип:
— Тур, Чарли. Иттерди кош. Кеттик, — дейт.
Мен суроо бергенди токтоткомун деп айтпадым беле? Алар мага айына жети жүз элүү доллар төлөшөт. Алар кожоюн. Мен алардын кызматчысымын. Эгерде алар мага: «Тур, Чарли, тозокту карай кеттик» десе да, мага эмне, иттерди чанага кошуп, шапалакты тарсылдатып, тозокту карай кете берем. Мына ошентип, барып иттерди коштум, биз Юконду бойлоп, төмөн карай кеттик. Каякка? Алар айтышпайт. Жалаң гана:
— Алга! Алга! Алга кеттик! — дешет.
Алардын тырп этээрге алдары калбай, аябай чарчашты. Бир топ жүздөгөн миль жолду басып өтүшсө да, жол жүрүү эмне экенин али билише элек. Анын үстүнө аларга адамдын шайын кетирген кургак жөтөл тийген. Мындай жөтөлдөн күчтүү киши сөгүнөт, ал эми начар киши ыйлайт. Бирок, алар ар дайым алга умтулушат. Күн сайын алга. Иттерге да тыным жок. Жолдугата күчтүү иттерди сатып ала беришет. Ар бир өрүү алган жерде, ар бир посёлка сайын, ар бир индей кыштагы сайын жүрбөй калган иттердин жан кайыштарын кыркып, жаңы, күчтүү иттерди чегишет. Аларда акча тим эле топондой, эсеп жок: акчаны топурактай сапырышат. Жинди немелерби? Кээде ошондойбу деп да кетем. Ар дайым кылчайтпастан аларды алга түрткөн кандайдыр бир шайтан азгырып алган окшойт. Алардын издегени эмне? Алтын эмес. Алар эч качан жер казышпайт. Мен көп ойлоном. Акыры, алар кимдир бир адамды издеп жүрүшкөндүгү оюма кылт эте түштү. Бирок кимди? Биз аны эч жерден кезиктире албадык. Бирок, алар жемдин артынан сая түшкөн карышкырларга окшойт. Бирок булар кызык карышкырлар — назик; карышкырлар эмес, жол жүрүү эмне экенин билишпеген бөлтүрүктөр. Түн ичинде уктап жатышып озондоп ыйлашат, кокуйлап онтошот, чарчап-чаалыккандарын айтып наалышат. Күндүз болсо сенделип жолго чыгышат жана тымызын ыйлашат. Кызык карышкырлар.
Форт Юконду басып өттүк. Форт Гамильтонду басып өттүк. Минукту басып өттүк. Январь айынын аяк чени. Күн абдан кыска. Саат тогузда таң атат. Үчтө күүгүм кирет. Анын үстүнө суук. Жадаганда мен, Ситки Чарли да чаалыктым. Ушинтип эле учу-кыйры жок жол тартып жүрө беребизби? Билбейм. Бирок, ар дайым көзүм алды жакта — алардын издегени эмне? Жолдо бир да адам жок. Кээде жүз миль жол басып өтөбүз, бирок турмуштун жышанаасын кезиктирбейбиз. Кыбыраган жан жок. Тынчтык. Кээде кар жааганда, биз талаадагы арбактарга окшоп калабыз. Кээде күн ачылып. күндүн көзү түш ченде чыгыш тараптагы дөбөчөлөрдүн ары жагынан бир азга кылт этип көрүнө түшүп жок болот. Асманда түндүк жаркыроо балбылдайт, жалган күндөр бийлейт, абаны сууктун боз туманы курчап турат.
Мен, Ситка Чарли кажардуу адаммын. Мен жолдо туулуп жана өз өмүрүмдүн баарын жолдо өткөрдүм. Бирок, мына бу эки бөлтүрүк шилтимди түгөттү. Мен ач мышыктай катып бүттүм, түн ичинде төшөктө жатканда кубанам, эртең менен чарчаган бойдон турам. Бирок, биз баягыдай эле таң аткыча, күүгүмдө да жолдо болобуз. Түн ичинде да жол жүргөнүбүз жүргөн. Ай, ушул бөлтүрүктөр! Эгерде мен ач мышыктай арыктап кетсем, алар көптөн бери оокат ичпей, ачкадан күмжан болгону турган мышыкка окшоп кетет. Алардын көздөрү бирде үңүрөйүп чанагына кирип кетсе да. бирде кутургандай балбылдап, жашылданат, бирде өлүктүн көзүндөй үлдүрөп, күңүрттөнө түшөт. Жаактары аскадагы үңкүрлөрдөй болуп чуңкурайып кирип кеткен. Нечен жолу суукка чалдыгып карайып калган беттеринин териси жок эсе. Кээде эртең менен аял:
— Тура алгыдай эмесмин. Тырп этээр алым жок. Андан көрө тынч өлгөнүм жакшы, — дейт. Бирок, жигит анын төшөгүнүн жанында туруп:
— Тур. Кеттик, — дейт.
Ошеңтип жүрүп кетишет. Кээ бирде жигит жаткан жеринен тура албай калганда аял да ага:
— Тур. Кеттик, — дейт.
Бирок, ар качан бир гана сөз: алга жүрүү. Ар дайым алга жана алга.

#38 10 Апрель 2016 - 15:55
Кээде соода пункттарынан кат алышат. Ал каттарда эмне жөнүндө жазылганын мен билбейм. Бирок, бул алар кууган из — каттар аларды улам изге салат. Бир күнү бир индеец аларга кат апкелип берди. Мен аны менен ээнирээк аңгемелештим.
Бул катты ага Юкондон ылдый карай шашылыш кетип бараткан жалгыз көз бир адам бергендигин айтты. Бардык болгон кеп ушул. Бирок, мен бөлтүрүктөр дал ошол жалгыз көздү кууп жүрүшкөн экен деп түшүндүм.
Февраль айы. Биз бир жарым миң миль жол бастык. Беринг деңизине келдик. Аерде катуу шамал, бороон. Жол жүрүү өтө кыйын. Анвигге келдик. Мен эмне үчүндүр алардын ушуерден кат алаарына көзүм жетти. Алар абдан катуу алеп-желеп болушуп:
— Тез, тез. Алга! — дешет.
Мен аларга:
— Оокат камдап алыш керек, — дедим.
Алар болсо мага:
— Салт, тез кетишибиз керек. Оокатты Чарли МакКиондун алачыгынан сатып алууга болот, — дешет.
Демек, алар төтө жолго салып жөнөөгө чечишиптир, себеби — Чарли Мак-Кион ушул жолдун боюндагы Кара Зооканын түбүндө жашайт.
Жөнөөрдүн алдында мен Анвигдин попу менен бир-эки ооз сөз сүйлөштүм. Ооба, жалгыз көз абдан шашылып ушуерден өтүптүр. Ошондой дегемин: алардын издегени ошол жалгыз көз. Анвигден тамак-ашсыз, дээрлик кур кол жөнөдүк; салт, шашылыш кеттик. Анвигден алар үч тың ит сатып алышты, эми эң тездикте кетип бараттык. Жигит да, аял да жинди сыяктуу. Биз жолго эртең менен эрте чыгабыз, түнөккө болсо кеч токтойбуз. Кээде мен тиги эки бөлтүрүк жаздым болуп калышпады бекен деп артыма кылчайып карап коём, бирок алар эптеп-септеп келатышат. Алар алга, алга жүткүнүшөт. Кургак жөтөл тие баштаганда алар колдору менен көкүрөктөрүн мыкчышып, кардын үстүндө бөкчөйүп, көпкө чейин ыкшып жөтөлүшөт. Алар жөтөл тийгенде баса да, сүйлөй да алышпайт. Он мүнөт, болбосо жарым саат жөтөлгөндөн кийин гана баш көтөрүшөт. Көздөрүнөн аккан жаш, беттерине муз болуп, тоңуп калат, бирок алар:
— Алга, алга! — дешет.
Жадегенде мен, Ситка Чарли аябай каржалып бүттүм жана бул кызматыма караганда жети жүз элүү доллар анчалык деле жыргаткан акы эмес экен деп ойлой баштадым. Түз чоң жолго түштүк; жаңы эле өткөн изди учураттык. Бөлтүрүктөр изди үңүлө тиктеп турушуп:
— Тез! — Тез! Ылдамда! Ылдамда! — дешет.
Иттерге абдан оорчулук келди. Биздин азыгыбыз аз, иттерди тойгуза азыктандыра албайбыз, андыктан күндөн-күнгө начарлай берди. Иттердин иши баарыбыздын ишибизден кыйын. Аял иттерге аябай боору ачып, көп убакыттарда көзүнө жаш да алат. Бирок, аларды азгырган жана алга түрткөн азезил — токтоп өр алууга, иттерге тыныгууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Акыры биз жалгыз көздү кууп жеттик. Ал жолдун жээгиндеги кардын үстүндө жатат; бир буту сынган, Сынык бутунан сабыркап баш калкалай турган бирдеме да жасап албаптыр, эптеп-септеп улам отту жандырууга араң жарап, төшөнчүсүнө оронуп үч күн талаада жатыптыр. Биз жетип келгенде ал, аябай сөгүнүп жатыптыр. Оозго алгыс сөздөр менен кимдир-бирөөнүн мындай сөгүнгөнүн мен түк да эч кимден уккан эмесмин.
Мен аябай кубанып кеттим, анткени алар издеген кишисин табышты, эми кудаа кааласа эс алабыз го деп ойлодум.
Бирок, аял:
— Кеттик. Тез! — деди.
Мен айраң-таң калдым. Жалгыз көз болсо мындай деди:
— Мага буйдалбагыла. Бирок, мага өзүңөрдүн оокатыңарды калтырып кеткиле. Силер эртең Мак-Киондон сатып аласыңар. Анан Мак-Кионду быякка жибергиле, келип мени алып кетсин. Ал эми өзүңөр — алга!
Ал да карышкыр, болгондо көк жал кары карышкыр. Анын оюнда да бир гана максат — алга! Биз өзүбүздүн оокатыбызды ага бердик — ансыз дале жарыбаган бирдеме калган болчу! — Отун жарып берип, анын тың иттерин алып, жүрүп кеттик.
Биз жалгыз көздү кардын үстүнө калтырып кеттик. Ошентип ал каза тапты, анткени — аны алып кетүүгө Мак-Кион келген жок. Мен бул кишинин ким экенин жана быякка кандайча келип калганын билген жокмун. Бирок, менин оюмча, кожоюндарым кызматы үчүн акыны мага берген сыяктуу ага да арбын төлөшкөн болуу керек.
Биз ал күнү керели кечке, түнү менен оозубузга наар алган жокпуз. Эртеси күнү өтө ылдам жүрдүк, акыры ачкачылыкка туруштук бере албай, таптакыр каржалып, бутубузду тартууга жарабай калдык. Иши кылып, кечке жуук жолдун деңгээлинен беш жүз фут бийиктикте көз кайкыган Кара Зоокага жеттик. Иңир кирип көз байланып калган учур болчу, ошентип биз Мак-Киондун алачыгын таба албай койдук. Биз ач карын бойдон жаттык да, эртең менен алачыкты издей баштадык. Жер соруп кеткенсип ал жок. Бул абдан кызык окуя болду, анткени —Мак-Киондун Кара Зооканын жанындагы алачыкта жашагандыгын бардыгы билишчү. Шамалы уюлгуп катуу соккон жана кары калың жээкке жакын жерде турдук. Бороон карды дөбө-дөбө кылып үйүп таштаптыр.
Менин оюма бир нерсе кылт дей түштү. Адегенде дөбөчөнүн бирөөнү, анан экинчисин казып кирдим. Алачыктын керегесине барып урундум. Эшикти тапканча каза бердим. Алачыктын ичине кирдим. Мак-Кион өлүп жатат. Анын өлгөнүнө эки же үч жума болгон окшойт. Кандайдыр бир кеселдин кесепетинен эшикке чыгууга шайманы келбей калгандай. Алачыкты кар басып калган. Колдо бар азыгын бүт жеп түгөтүп, анан өлүптүр. Мен анын азык-түлүк салган кампасына баш бактым; эчтеке жок, каңгырап бош.
— Алга, — деди аял, Анын көзүнөн ачкалыктын күңүрт оту жанып, кудум ичи ооругансып колу менен көкүрөгүн басты. Өзү желге чайкалган дарактай ары-бери теңселет.
— Ооба, алга, — деди жигит да.
Анын үнү картаң карганын каркылдаган үнүндөй күңүрт чыкты. Ачкалыктын азабынан акылынан тайый түшкөндөй болду. Көзү күйүп жаткан көмүрдүн жалынындай кыпкызыл. Ары-бери теңселип араң турат. Менин байкашымда, араң эле жаны бар.
Мен да:
— Алга! — дедим, анткени бул сезим мени камчылап акыры бир жарым милге созулган жолдун ар бир мили оюма бекем орноп, кыязы, мен да жинди болдум окшойт. Чынында эле бизге алга жүрүүдөн башка эчтеке калган жок: себеби оозго салар оокатыбыз жок болчу. Ошентип биз баягы кардын үстүндө калган жалгыз көздү да эстен чыгарып, алга жүрүп кеттик.

#39 10 Апрель 2016 - 15:56
Эл сейрек каттаган чоң жолго түштүк. Кай бирде эки-үч айга чейин бул жолду эч кимдин буту таптакыр баспаган мезгил да болот. Жолду борошо күрткүгө толтуруп салгандыктан,
быяктан да, тыяктан да каттаган адамдын изи таптакыр жок. Бир сутка тынымсыз бороон уруп, лапылдата кар жаады. Биз күндүр-түндүр жол тарттык, ачкачылык биздин өзөгүбүздү карайтып, кабыргабызды кайыштырды.
Ар бир кадам сайын начарлай бердик. Анан аял жыгыла баштады. Андан кийин жигит жатып калды. Мен жыгылган жокмун, бирок бутум барган сайын оор тартып, чоюштап, бир нече жолу мүдүрүлүп, жер такандап барып аз-аз жерден жыгылбай калдым.
Февраль айынын акыркы түнү. Аялдын тапанчасы менен үч ак чилди атып алып, бир аз өзөк жалгадык. Бирок, иттер ачка калды. Алар торпоктун жана морждун терисинен жасалган турмандарды чайнашат; аларды таяк менен кубалоого, турмандарды жыгачка бийик илип коюуга туура келди. Иттер түнү менен улуп-уңшуп, жыгачка тырмышып жатты. Бирок, биз эчтекеге көңүл бурбайбыз. Өлүккө окшоп, сулк уктайбыз. Эртең менен көрдөн турган арбактай турабыз да жолго чыгабыз.
Биринчи март. Эртең менен мен бөлтүрүктөр кууган адамдын изин биринчи көрдүм. Күн ачык жана суук. Күн асманда көпкө аялдайт, анын эки жагында жалган күндөр жаркылдайт, абаны боз суук каптап турат. Жолго эми кар түшпөй калды, иттердин жана чананын жаңы эле өткөн изи даана көрүнө баштады. Чананын жанында бир гана адам баратат, изине караганда абдан каржалган, күчсүз болуу керек. Анын да оокаты жок окшойт. Бөлтүрүктөр жаңы издерди көрө салып, акылдан адаша түшүшкөнсүдү.
— Тез! — деп жаагын жанышат. Ар дайым: — Тез! Ылдамда, Чарли! Бат, бат! — дешет.
Биз жакшы эле шашкансыйбыз, бирок жол арбыбайт. Жигит да, аял да көп жыгылат. Эгерде чанага отургузуп койсо, шайы кеткен иттер бир карыш жерге жылбай, жатып калмак. Анын үстүнө катуу суукта чанада отурса, кайыгып кетүүгө да болот. Ачка киши суукка чыдабайт, бат үшүйт. Аял жыгылса, жигит эптеп сүйөп тургузат. Жигит жыгылса, турууга аял жардамдашат. Бирок, экөө тең бирдей жыгылса, өз алдыларынча тура алышпайт. Ал убактарда экөөнү тең мен тургузам, антпесем ошо бойдон турбай жата беришсе кардын үстүндө зыңкыйып катып калышкыдай. Алар менен алпуруша берип, абдан кыйналдым, себеби — аябай чарчадым, анын үстүнө иттерди да күш-күштөп айдоом керек, тигилер болсо тырп этээрге шаймандары калбай, ошондон улам сөөктөрү оор тартып кетти. Кез-кезде мен да карга батып калам, бирок мага жардамдашаар эч ким жок — өзүм турушум керек. Ошентип, дайыма мен өзүм турам, тигилерди тургузам, анан иттерди айдайм.
Кечинде жалгыз бир чил аттым, ошентип биз ачка калдык. Жигит болсо мага:
— Эртең жолго кайсы убакта чыгабыз, Чарли? — дейт. Анын үнү көрдөн чыгып жаткансып араң эле угулат.
— Сен ар дайым эртең мененки беште жолго чык деп жүрбөйсүңбү — дедим.
— Эртең биз жолго үчтө чыгабыз, — деди ал.
— Өзүң майып болосуң, — деп мыскылдап күлдүм.
— Эртең биз жолго үчтө чыгабыз, — деп кайталады ал.
Ошентип биз үчтө жолго чыктык, себеби мен алардын кызматчысымын, алар эмнени буюрса ошону иштей берем. Асман ачык, суук, шырп эткен табыш жок, айлана тынч, соккон жел жок. Жерге жарык кирер менен айлана-тегерек капкаяктан бери даана көрүндү. Айлана жымжырт. Жүрөгүбүздүн соккону гана угулат: жымжырттыкта ал дүкүлдөп катуу согот. Жерге кулап түшкөнчө жинди болгонсуп уйку-соонун ортосунда кете беребиз, жыгылганда гана туруу керек экени оюбузга келет. Кайтадан алдыбыздагы жолду көрөбүз жана жүрөгүбүздүн сокконун угабыз. Мен уйку-соонун ортосунда кетип баратып, бир кызык ой башыма келди. «Эмнеге Ситка Чарли кара терге түшүп эмгектенип, ач-жылаңач сандалып, кудайдын азабын тартат?»
«Айына жети жүз элүү доллар үчүн», — деп өзүмө-өзүм жооп берем, бир чети бул акылсыз жооп экенин да билип турам. Бирок, бул туура жооп болчу. Ошол мезгилден тартып мен эч качан акча жөнүндө ойлогонду койдум. Себеби — дал ошол күнү менин көзүм ачылып, айлана жарык көрүнүп, өзүм да жакшы сезе түштүм. Ошентип, мен, адам акча үчүн эмес, эч ким бере албай, сатып ала албай жана сата албай турган баа жеткис бакыт үчүн жашоого тийиш экендигин түшүндүм.
Эртең менен биз алдыда кетип бараткан адамдын акыркы жолу түнөгөн жерине келип жеттик. Жаман түнөк, ачка жана начар адамдын түнөгү. Одеялдын жана тери чокойдун тытындылары, үзүндүлөрү кардын үстүндө жатат. Иштин жайы ачык түшүнүктүү болду: анын иттери турмандарын жеп коюп, ал одеялдардан жаңы жасаган окшойт.
Эркек менен аялдын көздөрү бул таштандылардан өтүп кетти. Мен экөөнө карай салып, суук шамалга туш келгендей, бүткөн боюм шуу дей түштү. Экөөнүн көздөрү чарасына терең ары кирип, чаалыккандыктан жана ачкалыктын кесепетинен жинди кишинин көзүндөй балбылдайт: иреңдери ачкадан өлгөн адамдыкындай, суукка туурулган капкара беттери өлүк түспөлүнө чыга түшкөн.
— Алга, — дейт жигит.
Бирок аял жөтөлүп, кардын үстүнө жыгылат. Бул кургак жөтөл, анын өпкөсүнө да суук тийген. Ал көпкө чейин жөтөлүп, анан мүрзөдөн чыгып келаткансып, араңдан зорго өйдө турат, бетинен ылдый аккан көз жашы муз болуп тоңгон, көкүрөгү кырылдап, оор дем алат. Ошондо да аял:
— Алга! — дейт.
Биз кайтадан жолго чыктык. Ээн мейкинди аралап, уйку-соонун ортосунда кетип баратабыз. Басып баратып уктап, азапты сезбей калабыз. Жерге талп дей түшкөндө гана ойгонобуз. Анан карды да, тоону да, алды жакта кетип бараткан адамдын изин да көрөбүз жана кайтадан баягы өзүбүздүн азаптарды сезе баштайбыз. Мелмилдеген кардуу түз мейкинге чыктык, тигилердин издегени нак биздин бет алдыбызда турат. Биздин алды жагыбыздагы бир милдей жерде кардын үстүндө бир топ караан көрүндү. Ал караандар жылып баратат. Менин көзүм тунарып, жакшы көрбөйт, бирок чымырканып көрүүгө аракеттенем. Акыры, бир адамды, иттерди жана чананы боолголодум. Бөлтүрүктөр да көрүштү. Алардын алда качан сүйлөөгө да кудурети келбей, тек гана мындай деп шыбырашат:
— Алга! Алга! Ылдам!
Тырп этээр алдары жок, бирок басымыш болушат. Алды жакта кетип бараткандын одеялдан жасалган турмандары улам үзүлөт, ал улам токтоп, аларды улаштырып, жамаштырат. Биздин турмандар болсо өз жайында, анткени мен аларды ар күнү кечинде бакка илип койчумун. Саат он бирде тигил киши менен биздин арабыз жарым милдей калды. Күндүзгү саат бирде — чейрек миль калды. Ал абдан начар. Анын улам карга жыгылганы бизге көрүнүп турат. Анын бир ити таптакыр жүрбөй калды, ал анын жан кайыштарын кесип таштады, бирок итти өлтүргөн жок. Мен жандай салып өтүп баратып, аны балта менен кайсап таштадым. Өз иттеримдин да күчтөн тайып жүрбөй калгандарын ошентчүмүн.
Эми аны менен биздин арабыз үч жүз ярд23 калды. Биздин кыймылыбыз өтө эле жай: балким, эки-үч саатта бир миль жол бассак керек. Биз дээрлик баспай калдык. Тынымсыз жыгыла берчү болдук. Өйдө туруп мүдүрүлүп, чалынып бир-эки кадам шилтемиш болуп, кайта жыгылабыз. Мен ар дайым экөөнү жөлөп-таяп тургузам… Кээде өйдө тура алышпай чөгөлөөгө араң жарашып, кайрадан карга үстөмөнүнөн барып түшүшөт; ошентип күч жыйнап өйдө тургуча башы менен карга үч-төрт жолу чумкуп алышат. Бирок, алар дайыма алга бет алып жыгылышат. Тикесинен тик же чөгөлөп турган кебетесинде да ар убакта алга гана жыгылышат! Жыгылган сайын көздөгөн максатка өз бойлорунун арымындай улам-улам жакындай беришет.

#40 10 Апрель 2016 - 15:58
Кээде токойдогу айбандарга окшоп төрт аяктап жылышат. Биз үлүл сыяктуу алга жылабыз, болгондо да жансыз үлүлдөй, бирок алдыда бараткан кишинин басышынан ылдамыраак.
Себеби — ал да көп жыгылат жана анын жанында жөлөп-таяй турган Ситки Чарли жок. Мына эми аны менен биздин арабыз эки жүз ярд калды. Бир топ убакыттан кийин жүз ярд гана калды.
Кызык сөлөкөт! Болгондо да адам каткырып күлчүдөй кызык. Ооба, ооба үнүңдүн бардыгынча катуу каткырып күлө тургандай. Өлүк жандар менен өлүк иттердин куушуусу. Кудум эле коркунучтуу жаман түш көрүп кыйналгандагыдай: өмүрдү сактап калыш үчүн жаныңдын бардыгынча, бутуң үзүлгөнчө чуркайсың, бирок ордуңан кымындай жылбайсың. Жигит акылынан тайгылды. Аял да жинди болду. Мен да келесоо боло түштүм. Бүт аалам жинди болгонсуду. Бул ушунчалык кызык сезилет, менин аябай күлкүм келди. Алды жакта бараткан чоочун киши чанасы менен иттерин таштап, андан ары карды жиреп жападан-жалгыз жөнөдү. Бир аз гана убакыт өттү, бирок акыры биз анын иттеринин тушуна келип калдык. Одеялдан жана тери чокойдон жасалган турмандары менен иттери чанага чегилген бойдон кардын үстүндө кыймылсыз жатышат. Биз жандай салып өтүп баратканда алар ачка балдардай бизге жалбарышып, кыңшылап, улуп-уңшуп коё беришти.
Биз да иттерди таштап, өзүбүз эле карды жиреп жөнөдүк. Жигит жана аял экөө тең — эптеп эле тирүү сөлөкөт. Кокуйлашат, онтошот, ыйлактап бышакташат, бирок алга баратышат. Мен да алга баратам. Менин көздөгөн максатым, ойлогон оюм бирөө гана: чоочун адамга жетүү. Ошондо мен тынчып, эс алам. Ошондо гана жаным жай алат. Ушунчалык чарчадым — жатсам, миң жылга чейин турбай уктагыдаймын.
Чоочун адам бизден элүү ярддай алдыда ак кардын үстүндө жападан жалгыз баратат. Ал жыгылат да, боору менен жылып кайта турат, мүдүрүлүп жыгылат да кайра жөрмөлөйт. Мергенчиден кутулуп кетүү үчүн жанталашкан оор жарадар айбанга окшойт. Мына эми ал өйдө турбастан, төрт аяктап гана жылып калды. Жигит менен аял да өйдө тура алышпай, анын артынан жылып жөнөштү. Бирок мен али туруп басууга жарайм. Жыгылам, бирок дайыма өз алдымча кайра ордуман турам.
Кызык көрүнүш! Айлана апапак кар, ошол кар менен жымжырт мейкинди аралап жигит менен аял жылып баратышат. Алардын алды жагында чоочун киши жылып баратат. Күндүн эки жагында эки жалган күн турат, демек асманда катары менен үч күн турат. Катуу сууктан улам аба боз чаңгыт. Мына аял ыкшып жөтөлдү, ал басылганча кардын үстүндө сулк жатты да андан кийин кайра жылып жөнөдү. Мына, жигит башын көтөрүп алды жакты карады, бирок абышканын көзүндөй анын көзүнөн жаш агат; чоочун кишини көрүү үчүн улам-улам көзүн сүртөт. Мына эми чоочун киши кылчайып артын карай баштады… Ситка Чарли болсо эптеп-септеп басып келатат, эгерде жыгылса, кайта өйдө турат.
Бир топтон кийин чоочун киши жылганын токтотту. Ал эптеп жатып өйдө тикесинен турду, мээлейин чечип, тапанчасын колуна алды да, ары-бери теңселип, күтүп турду. Темгил-темгил болуп суукка үшүгөн капкара бетинин сөөгү менен териси гана калган. Кебетесинен ачкалыктын азабын аябай тартканы даана көрүнөт. Көзү чүңүрөйүп чанагына кирип, тиштери ырсаят.
Жигит менен аял да тикесинен турушуп, тигини карай жай басып жөнөштү. Айлана кар жана жымжырт. Асманда болсо катары менен үч күн турат. Абада боз чаңгыт суук жалтылдайт.
Мына ошентип окуя башталды — мен, Ситка Чарли бөлтүрүктөрдүн кантип кан төккөнүн көрдүм. Эч кимиси үн катпайт. Жалаң гана ачкалыктан жапа чегип желмогуздай арбыйган чоочун киши тишин ырсыйтат. Ал эки ийнин шалдайтып, тизесин бүгүп, жыгылбас үчүн буттарын эки жакка талтайтып, ары-бери теңселет. Жигит менен аял ага элүү фут жетпей барып токтошту. Алар да жыгылбас үчүн буттарын эки жакка талтайтып, ары-бери теңселишет. Чоочун киши өтө эле алсыз. Анын колу тынымсыз калтырайт, ошол себептүү анын жигитти карай аткан огу талаага кетти. Жигит мээлейин чече албай алек. Чоочун киши аны да бир жолу атты. Бул жолу да ок талаага кетти. Ошол убакта жигит мээлейди тиштеп чечти. Бирок, анын колу суукка чалдыккан. Тапанчаны колуна токтото албай карга түшүрүп жиберди. Мен аялга көз чаптырдым. Ал да мээлейин чечип, колуна чоң кольтту алды да, катар-катары менен үч жолу атты. Чоочун киши тишин ырсайткан бойдон карга көмкөрөсүнөн түштү.
Алар кайрылып, өлгөн адамды карашкан да жок.
— Алга, — дешти.
Ошентип биз жөнөп кеттик. Бирок, тигилер издегенин табышкандан кийин эстери ооп, өлүктөй селейди. Тырп этээр шайы калган жок. Өйдө турууга таптакыр жарашпайт. Ал турмак боору менен жылуу колдорунан келбей калды. Алар бир гана максатты — эптеп көздү жумуп уктоону көздөштү. Ары-бери карап, жакын жерден өр алууга ыңгайлуу бир жайды көрүп, ошоякты карай аларды бутум менен тээп түртө баштадым. Иттерди айдай турган колумдагы шапалак менен аларды чыпылдата чаптым. Алар өкүрүп-бакырып жатып аргасыздан өр ала турган жерге эптеп жылып келишти. Мен алар үшүбөсүн деп чоң от жактым. Андан кийин барып чананы айдап келдим. Ачкадан өлбөс үчүн чоочун кишинин иттерин союп жедик. Экөөнүн үстүнө жуурканды жаптым, алар уктап кетишти. Мезгил-мезгили менен ойготуп, оокат берем, уйкудан көз ачылбаган бойдон туруп тамак ичишет. Аял бир жарым суткадан кийин ойгонуп, кайта уктады. Жигит эки суткадан кийин ойгонуп, кайта уктады. Ошондон кийин биз жолго чыгып. Сент-Майлстын жээгине келдик. Беринг деңизи муздан тазалангандан кийин жигит менен аял кемеге түшүп, жөнөп кетишти. Бирок, кетээрден мурун алар мага айына жети жүз элүү доллардан кызмат акымды төлөштү. Андан тышкары миң доллар кошумча сыйлык катары беришти.
Ошол жыл Ситка Чарли Ыйык Крест миссиясына көп акча берген.
— Чоочун кишини алар эмне үчүн өлтүрүштү? — деп сурадым мен.
Ситка Чарли токтолуп жооп берди. Адегенде ал канжасын соруп, «Полис-газеттин» сүрөтүнө көз чаптырып, аны сырдуу жаңсады да, сөзүн жай гана салмактуу баштап, мындай деди:
— Мен көп ойлондум. Билбейм… Ошондой болду. Бул менин эсимде калган бир сүрөт. Терезеден кат жазып жаткан кишини көргөн сыяктуу бир көрүнүш. Алар менин өмүрүмдө бир кездешип, кайта жок болду. Ал эми сүрөт жанагы мен айткандай: башы жок жана аягы түшүнүксүз болуп чыкты.
— Сен айтып бүткөнчө бир топ сүрөттү тартып жибердиң, — дедим.
— Ооба, — деди ал башын ийкеп. — Бирок, алардын баарынын баш-аягы жок.
— Эң акыркысынын аягы бар, — дедим.
— Ооба, — деп жооп берди ал. — Бирок кандай?
— Ал турмуштун бир кичинекей бөлүкчөсү, — дедим,
— Ооба, — деди ал жактагансып. — Турмуштун бөлүкчөсү.
1905 .

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 10 Апрель 2016 - 15:59