КОҢУР КАРЫШКЫР
Көк шибер шүүдүрүм болгондуктан,
аял көлөчүн кийгени үйүнө кирди, кайта сыртка чыкса, аны күтүп турган күйөөсү бардыгын эстен чыгарып, жаңыдан ачылып келаткан жакшынакай бадам гүлүн суктана карап турганын көрдү. Аял жан-жагын карап, жемиш бактарынын арасындагы жыш чыккан бийик чөпкө көз жүгүрттү да;
— Карышкыр кайда? — деп сурады.
— Эми эле ушуерде болчу.
Уолт Ирвин кызыл-тазыл болуп гүлдөгөн көркөм дүйнөнү байкоодон назарын бөлүп, эки жагын каранды.
— Жанараак бакма коёнду кууп жүргөнүн көргөндөй болдум эле.
— Карышкыр!
Карышкыр!
Ме-ме! — деп чакырды Медж.
Андан кийин алар жалгыз аяк жол менен коңур өлөңдүү чөпкө аралаш өскөн мансанит24 өсүмдүгүн аралап төмөн карай басышып, даңгыр жолго чыгышты.
Ирвин эки чыпалагын оозуна салып катуу ышкырганда,
чыңылдаган ачуу ышкырык Медждин заңкылдаган добушуна үн алышып кетти.
Медж дароо кулагың баса калып, амалсыздан бетин-башын бырыштырды!
— Тү-ү! Ушундай назик акын болуп туруп да, адам жийиркенгендей ышкырат экенсиң ээ! Тим эле кулагымдын тарсылдагы жарылып кете жаздады. Көчөдөгү балдардан да катуу ышкырат экенсиң — деди аял.
— А-а! Карышкыр тигине.
Чөбү калың дөбөчөдөн куу бутактын шырт эткени угулду, алардан өйдө кырк футтай бийиктиктеги тик асканын бир жак уурчугунан Карышкырдын башы жана бүт көөдөнү көрүнө калды. Анын жер такандап турган алдыңкы күчтүү буттарынын астынан бир таш куланып келип, тигилердин так алдына түшкөнчө, ал эки кулагын тикчийтип, томолонуп бараткан таштан көзүн айырбай карап турду. Андан кийин Карышкыр ээлерин карады да, оозун чоң ачып, тишин ырсыйтып, жылмайгансып койду.
— Карышкыр!
Карышкыр!
Карышкыржан!
— дешип, эркек, аял экөө тең төмөнтөн жарыша кыйкырышты.
Алардын добушун укканда ал кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн кол аны сылап-сыйпаганы жаткансып кулагын жапырып, мойнун ылдый сунду.
Андан кийин Карышкыр чытырман чөп-чардын арасына култ коюп, көздөн кайым болду, аял менен эркек болсо, ит көз жаздымынан үзүлгөндөн кийин өздөрүнчө илгери карай калкамандап жүрө беришти. Бир нече минут өткөндөн кийин Карышкыр имерилиштин ары жагындагы жапысыраак эңкейиштен чыга калып, майда таш менен чаңды ызгыта тигилерге бир заматта жетип келди. Карышкыр эркелетүүгө сылап-сыйпоого көп анчалык көңүл бурчу эмес. ага салкын жана өтө кайдыгер мамиле кылчу. Эркекке кулагынын түбүн бир-эки жолу кашытып, аялга бир аз жонунан сылатып, эркелетүүсүнө кыңк этпей туруп берди да, андан кийин кадимки эле карышкырлардай эч кыйналуусуз жеңил гана зымырап, алдыга озуп кетти.
Дене түзүлүшүнө караганда токойдогу кадимки чоң карышкыр сыяктуу эле, бирок жүнүнүн иреңи менен темгилдери аны бөрү тукуму эместигин анык көрсөтүп турду. Бул жагынан алганда ал ит кебетеленип кетчү. Мындай түспөлдүү карышкырды али эч ким көргөн эмес. Анткени ал бутунан башына дейре күрөң эле, анда күрөңдүн бардык түрү: кара күрөң, кызыл күрөң бар болчу. Жону менен желкесиндеги кара күрөң жүнү улам ылдый карай акчылданып жүрүп отуруп, боору такыр эле сарыга айланып кеткен. Бирок кээ бир аралашып кеткен күрөң кылдар боорун болор-болбос кир сыяктуу көрсөтүп турат. Төшүндөгү, буттарынын башындагы жана көзүнүн алдындагы ак темгилдери да кир баскан сыяктуу, анткени бул жерлерине да жууса кеткис күрөң түс аралашкан. Эки көзү болсо эки тоголок каухар кош таштай жанып турат.
Мүмкүн, аны өздөрүнө кыйынчылык менен үйүр алдыргандыктанбы.
айтор аял да, эркек да бул итти жанындай жакшы көрүшө турган. Ит биринчи эле күнү кайдандыр белгисиз жактан алардын тоо арасындагы кичинекей үйүнүн айланасына пайда болгондон баштап, аны өзүлөрүнө үйүр кылуу алар үчүн оңой-олтоң иш боло койгон жок. Ачыгып, эки бөйрөгү кабышып, буттарынын да тайда тамтыгы жок. Ал көз көрүнө эле терезенин түбүнө коёнду баса калып, муунтуп өлтүрүп, курсагын компойтуп, андан кийин суунун жээгине араңдан зорго сүйрөлүп жетип, карагаттын түбүнө барып жатты. Чакырылбаган адепсиз конокту көрүү үчүн Уолт Ирвин суунун жээгине барган кезде, ага кыжырдана ырылдаган. Медж достук мамиле түзүү максатында нан тууралган бир чоң табак сүт алып келди эле, аны да ырылдап жолотпой койгон.
Ошентип коноктун мүнөзү өтө оор жана ийкемге келбес болуп чыкты. Ийкемге келтирүү, достошуу үчүн болгон тигилердин бардык аракеттерин түп көтөрө четке какты. Кичине эле кол созсоң, — азуусун ырсыйтып, коңуракай жүнүн тикирейтип үрпөйтөт. Ошентсе да ал көпкө чейин суунун жээгинен эч кайда кеткен жок. Эл тамак алып келип, чочулап оолагыраак жерге коюп кеткенден кийин гана барып жеп, ошоерде уктап жата берди. Анын бул жерде аярлап жүргөнүнүн себеби — алыска желе-жорто басууга чамасынын жоктугунан экени түшүнүктүү болчу. Көп аялдабай, азыраак тыңып-оңолуп алгандан кийин бир күнү дагы кайдадыр житип кетти.
Эгерде дал ушул мезгилде Ирвин штаттын түндүк бөлүгүнө барбаганында мүмкүн алардын таанышуулары ушуну менен бүтүп калышы ыктымал болчу. Поезд Калифорния менен Орегондун чек араларына жакын жерден өтүп баратканда Ирвин кокусунан терезени карады, достошууну каалабаган өзүнүн коногун көрө койду. Кадимки коңур карышкырга окшош, өзү абдан чарчаган, бирок али дугдуюп кажалуу, эки жүз миль аралыктын артына таштап, тула-боюн чаң басып, кир болгон бойдон темир жолду бойлоп, салып-уруп келатыптыр.
Ирвин көп ойлонуп, кылчактап турууну анча сүйчү эмес. Соңку станцияда поездден түшүп, дүкөндөн эт сатып алды да, шаардын чет жагынан качкынды эптеп кармап алды.
Карышкырды жүк салуучу вагон менен кайта жеткиртти. ошентип, ал тоонун арасындагы кичинекей үйгө кайтадан туш келди. Бу жолу аны бир жума бекем чынжырлап, эрди-катын экөө тең жакшылап көз салып, бапестеп багышты. Алар өздөрүнүн жакшы көрүүлөрүн өтө эле кылдаттык менен билдирүүгө туура келди. Себеби, ал так эле жоонун колуна түшкөнсүп өтө суз жана касташкандай тигилердин эркелеткен жылуу сөздөрүнүн бардыгына ачуулуу, ырылдап жооп кайтарып жатты. Бирок, ал түк үрчү эмес. Ал пайда болгон мезгилден бери анын үргөнүн эч кимдин кулагы чалган жок.
Аны үйүр алдырып, колго көндүрүү да оңой иш болгон жок. Бирок Ирвин өзү да түйшүктүү иш менен алпурушууну жакшы көрө турган адам эле. Ал жука темир тумар жасатып, ага: «Уолт Ирвинге кайтарылып берилсин, Глен-Эллен, Сонома округу, Калифорния» деп ойдуртуп жаздырды. Анан Карышкырдын мойнуна каргы тагып, ага тумарды түшпөс кылып мыктап бекитти. Андан кийин аны чынжырдан бошотуп коё берди эле, ал заматта көздөн кайым болду. Бир күндөн кийин Мендосиндон телеграмма келди: ит жыйырма сааттын ичинде түндүктү карай жүз миль жүрүп барып анан колго түшүптүр.
Карышкырды кайрадан жол транспорт контору алып келди. Ал үч күндө чынжырда туруп, төртүнчү күнү бошоткондо дагы житип кетти. Бу жолу карышкыр Орегондун түштүк районуна чейин жетүүгө үлгүргөн. Аерден аны дагы кармашып, кайта үйүнө жиберишкен.
Ар дайым коё берген сайын ал качып кетчү, качканда да аны кандайдыр бир шумдуктуу күч кууп жаткан сыяктуу ар качан түз эле түндүктү карай бет алып каччу. Карышкырды Түндүк Орегондон алып келип бергенде Ирвин айткандай, бул — «үйүн самагандык» болчу.
Джек Лондон "Өмүр кызык" аңгемелер жыйнагы Которгон С.Ерматов
#42 11 Апрель 2016 - 01:23
Келирки жолу аны кармап жана ээсине алып келип бергенче коңур качкын Калифорниянын жарымын, Орегон штатын бүт жана Вашингтондун жартысын кезип өтүүгө үлгүргөн. Анын качкандагы жүрүшүнүн ылдамдыгы укмуштуудай тез эле. Тамактанып,
ирденип, тыныгып, эс алгандан кийин Карышкыр бош коё берер замат өзүнүн бардык күч-кубатын тез чуркоого жумшай турган. Бирөөлөрдүн колуна түшүп калбаса, ал биринчи күнү жүз элүү миль, андан кийин жүз миль жол баса тургандыгын аныктоого мүмкүндүк болду. Ал үйгө дайыма ийнеликтей кынжыйып ачыгып, өтө эле жапайыланып келет да, кайта тыныгып, күчтөнүп-оңолуп алып, качып жөнөйт. Ар качан түз эле түндүктү карай качууга элирткен ички купуя сырын адам түшүнүп болбойт.
Мына ушул кажатсыз качуулар менен бир жыл алек болуп, акыры, ит тагдырдын салган ишине көнүп, бир убактарда коёнду өлтүрүп, суунун жээгине барып уктаган кичинекей үйгө биротоло байыр алып, айланчыктап калды. Бирок, аял күйөөсү экөө аны эркелетип сылап-сыйпоого көндүргүчө итапкан убакыт өттү. Бул өзүнчө улуу жеңиш болду. Карышкырдын ийкемге келбестиги ушунчалык — жанына жакын жолотпойт. Кичинекей үйгө келип жүргөн коноктордун бир да бирөө ага жакындап, жоошута албады. Мамиле түзгүсү келген кишилердин баарына ырылдап жооп берчү. Ал эми кээ бирөөлөр болбой эле кайраттанып бел байлап жакындаса, карышкырдын үстүнкү эрди ырсыйып жыйрылып, азуусу шакылдап, адамдын үрөйүн учургандай жаалдуу жана ачуулуу арылдап коё берчү. Анын бул ырылдаганынан барып турган эр жүрөктөр кадимкидей сезгенчү жана тегеректеги иттердин бардыгы айбыга турган, анткени — алар иттердин ырылдаганын жакшы билчү, бирок Карышкырдын ырылдаганын эч качан угушкан эмес.
Иттин өткөндөгү тарыхы күңүрт жана өтө бүдөмүк эле. Анын таржымакалы негизинен Уолт менен Меджинин колуна келгенден тартып башталат. Ал кандайдыр түштүк жактан келген, бирок кимдин колунан качып чыкканы жана анын мурунку ээси жөнүндө да эч кандай ың-жың билинбейт. Медж сүт сатып алып жүргөн коңшу аял миссис Джонсон мунун Клондайкадагы иттин тукумунан чыккан деп божомолдоп, ишендирүүгө аракеттенди. Анткени, анын бир тууганы муздун арасындагы ошол алыскы жерде алтын кенинде иштечү, мына ошондуктан миссис Джонсон ушул сыяктуу иштер боюнча өзүн билерманмын деп эсептечү.
Чынында, бул жөнүндө эч ким аны менен талашкан да жок. Карышкырдын эки кулагынын учу бир убактарда суукка катуу чалдыгып, ошол бойдон алигиче айыкпаптыр. Анын үстүнө Ирвин менен Медж журналдардан бир нече ирет сүрөтүн көргөн Алясканын иттерине окшош болчу. Журналдардан окуп, эл оозунан уккандары боюнча алар бул иттин алыскы Түндүктө башынан өткөргөндөрүн божомолдошуп, көбүн эсе Карышкырдын өткөндөгү тарыхын кеп салыша турган. Түндүк али да болсо аны өзүнө тартып тургандыгын алар жакшы билишет. Түнүчүндө тынчы кетип, кыңшылайт, ал эми түндүк жактан жел согуп, азыраак суук бодо калса чебеленип, чыдай албай муңдуу улуп-уңшуйт. Бул куду эле карышкырдын улуганынын өзү болчу. Бирок түк үрчү эмес. Ал турмак жүз алакетке түшсөң да андан кадимки иттин үнүн бир жолу угуп коюуга зар болосуң.
Карышкырды көп убаракерчилик жана узак убакытта барып араңдан зорго өздөрүнө үйүр алдыргандан кийин Ирвин менен Медж ар качандан бир качан ал кимисине көбүрөөк жакындай тургандыгы жөнүндө талаша беришчү болду. Ар кимиси менин итим деп эсептечү. Кокус бирөөнө көбүрөөк үйүр алып калса болду, анысы жерге-сууга сыйбай мактанып калчу. Бирок, алгачкы мезгилде жеңиш көп убактарда Ирвин жагында болуп жүрдү, мындай болуунун себеби анын эркек экендигинде эле. Кыясы, Карышкырдын аялдар жөнүндө түшүнүгү жок болуу керек. Мурда аялдарды такыр көрбөгөн жана билбеген. Медждин көйнөгүн такыр көргүсү келчү эмес — анткени анын шуудураганын уккан сайын кыжыры келип, ырылдай кетчү. Ал эми шамалдуу күндөрү Медж анын жанына жакын жолой алчу эмес.
Бирок, ага оокатты дайыма Медж берет. Анын үстүнө ашканадагы бийлик да анын колунда эмеспи, ошондуктан Карышкыр ашканага Медждин гана ырайымы-уруксааты боюнча кирчү. Мына ошол себептүү Медж көйнөгүнүн кесепетин көп таңазарга албай, өз боюна аны толук тартып ала тургандыгына бекем ишенген. Уолт да өзүнчө бир айла колдонду — ал жазып отурганда Карышкырды жанына жаткызып алып, жонунан сылап-сыйпап, ар кайсынын башын айтып кобурап, ар түрдүү амал менен өзүнө тартуунун аракетин кылчу, бирок өз ишине бөгөт болуп, алга жылчу эмес. Иши кылып, анын эркектигинен болуу керек — акыры, Уолт жеңип чыкты. Бирок, эгер ал керели кечке Карышкыр менен алышпастан, өзүнүн бардык күч-кубатын, убактысын ыр жазууга жумшаса, турмуштары да оңолуп, тыйын-тыпырдын да жеткелең болорун Медж зар какшап, ынандырчу.
— Менин эң акыркы жазган ырларымдын акчасынан кабар келе турган убакыт да болуп калды, — деди Уолт, беш минутадан кийин үн катпай кыялап ылдый түшүп бара жатып. — Почтадан мага тиешелүү акча бар экенине ишенем, биз ага эң сонун гречиха унун, бир галлон25 клён маңызын жана сага жаңы көлөч сатып алабыз.
— Анан миссис Джонсондун кереметтүү уюнун кереметтүү сүтүнөн да — деп кошумчалады Медж. — Эртең бири экенин өзүң билесиң го.
Уолт бети-башын эрксиз бырыштырды, бирок дароо эле өңү жаадырай түштү да:
— Эчтеке эмес! Бүткүл Калифорния боюнча биринчи сүттүү уй менин мына биеримде дапдаяр жатат, — деди колу менен күрмөсүнүн чөнтөгүн кубанычтуу чапкылап.
— Муну сен качан жазып жибердиң? — деп Медж такылдай сурады да, кайта кинелегенсип: — Жадегенде мага көрсөтүп да койбопсуң! — деп кошумчалады.
— Мен бул ырды почтага баратканда, мисалы, мына мындай жерде отуруп, сага окуп берейин деп атайын сактап жүргөм, — деди ал отурууга ыңгайлуу кургак дүмүрдү колу менен жаңсап көрсөтүп.
Калың папоротниктин26 арасынан шылдырап аккан жеңдей ичке суу, бетин жылбышкак эңилчек баскан чоң таштан жылжып так эле алды жагында жалгыз аяк жолду кесип агып жатты. Жайык өрөөндөн үн кубултуп сайраган боз торгойдун назик үнү угулат; айланада далдайган сары көпөлөктөр бирде гүлдүү канаттарын күндүн нуруна чагылыштырып, бирде көлөкөгө бырпырап учуп конот.
Уолт ырын үнүн басыраак чыгарып, окуп жаткан кезде төмөнкү чытырман токой жактан кандайдыр бир дабыш угулду. Бул дабыш салмактуу кадамдын дабышы эле. Тамандын астынан тоголонгон таштардын күңүрт шагыраганы анда-санда тигил дабышка үн алышат. Уолт ырды окуп бүтүп, кубаттоо күткөндөй аялына караганда, жалгыз аяк жолдун бурулушунан бир адам көрүндү. Ал жылаң баш, чекесинен тер мончоктоп агып кеткен. Бир колу менен дембе-дем жүз аарчысын алып бетин арчыйт, экинчи колунда өңү өчпөгөн, жаңы калпагы, терге сыгып алма суу болгондуктан мойнунан чечип алган крахмалданган жакасы бар. Узун бойлуу, чымыр адам экен. Тигилүү кийимдерди сатуучу дүкөндөн үстүндөгү кара таар күрмөсүн жаңы эле сатып алган окшойт, анык сыртынан булчуң эттери бөлөк-бөлөк болуп билинип, аны чырт айрып жиберчүүдөй чытырайт.
— Күн ысып кетти…— деп Уолт аны сөзгө катыштыргысы келип, саламдашты.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#43 11 Апрель 2016 - 01:26
Уолт тегеректеги коңшу-колоңдору менен да дайыма жакшы мамиледе болууга тырыша турган. Жолдош-жоро,
тамыр-таанышты көбөйтүүдөн эч качан тартынчу эмес.
Жүргүнчү токтоп башын ийкеди да:
— Мындай ысыкка анчалык көнгөн жок элем, — деп наалый жооп берди, — Мен отуз градус чамасындагы суукка көбүрөөк үйрөнгөн адаммын.
— О, кокуй, андай аяз быякта эч качан болбойт! — деди Уолт күлүп.
— Ошондой болсо керек, — деп жооп берди жүргүнчү. — Чынын айтканда аны менен ишим деле жок, карындашымды издеп жүрөмүн. Анын кайсы жерде турарын кокус, сиздер билип жүрбөңүздөр? Миссис Джонсон, миссис Уильям Джонсон.
— Сиз мүмкүн, анын Клондайкадагы агасы болуп жүрбөңүз? — деп Медж аз жерден кыйкырып жибере жаздап, үнүн көтөрүңкү чыгарып сурады. Таң калып. кадала тиктеди. — Ал сиз тууралу бизге көп нерселерди айтып берген!
— Так ошол менмин, мэм,27 деп адептүү жооп берди. — Менин атым Скифф Миллер. Билсеңиздер, мындай баратышымдын себеби: кат-кабарсыз барып кальш, карындашымды күтпөгөн жерден бир аябай таң калтырайын дедим эле.
— Сиз даңгыр жол менен эмес, жалгыз аяк жол менен токойду аралап баратканыңыз болбосо, бет алган жагыңыз абдан туура.
Медж ордунан тура калып, жогоруда чейрек милдей жердеги капчыгай жакты колу менен жазгап:
— Тээтиги турган карагайларды көрдүңүзбү? — деди. — Мынабу жалгыз аяк жол менен дал ошого түз барыңыз. Анан жол оңго бурулат да, сизди туура эле миссис Джонсондун үйүнө алып барат. Дал ушундай барсаңыз, эч кайда адашпайсыз.
— Ыракмат, мэм, — деди Скифф Миллер.
— Сизден Клондайка жөнүндө кызык аңгемелер уксак кандай жакшы болоор эле, — деди Медж. — Мүмкүн сиз карындашыңыздын үйүндө мейман болуп жатканыңызда бир күнү биз барсак аңгеме угууга уруксат этээрсиз, же болбосо карындашыңыз менен биздин үйгө келип, тамак-аш ичип кетсеңиз андан бетер жакшы болор эле.
— Ооба, мэм, ыракмат, мэм, — деп Скифф жыпылдай сүйлөй баштады да, эсине бир нерсе кылт дей түшкөнсүдү:
— Бирок, мен бул жерде өтө аз убакыт боломун: кайта Түндүккө кетемин. Бүгүн түнкү поезд менен жөнөйм. Мен, билесиздерби, казнанын почтасын ташууга жалданып иштейм.
Медж буга аябай өкүндү. Скифф Миллер кетүүгө камынганча болбой, тегеректе шимшилеп, жортуп жүргөн Карышкыр ойдо жок жерден, кадимки карышкыр сыяктуу шырп алдырбай бадалдын арасынан суурулуп чыга келди.
Скифф Миллердин кебетесиндеги элегейлик кол менен жулуп алгандай жок боло түштү. Анын эки көзү итке кадалып, иреңинен кандайдыр бир нерсеге катуу таң калгандыктын белгиси байкалды.
— Шайтан соккур, мына кызык! — деп ал жай жана салмактуу сүйлөдү.
Бир нерсеге ыкласы түшүп, көңүлү эрип кеттиби, айтор, ал бет маңдайыңда туруп турган Меджди байкабай, дүмүргө барып өзү отура кетти.
Анын добушун укканда Карышкырдын кулагы жымыйып, эки жак жамажайы кулагына жеткенче ыржыйды. Ал улам акырындап бөтөн адамдын жанына барды да, анын колун жыттагылап, андан кийин жалай баштады.
Скифф Миллер иттин башынан сылады.
— Шайтан соккур э-э, мына кызык! — деп ал дагы бир жолу жай жана салмактуу кайталады. — Кечирип коюңуз, мэм, — деди ал бир аздан кийин кошумчалап, — билесиздерби мен абдан таң калып турам. Сөздүн кыскасы ушул.
— Биз да таң калып турабыз, — деп Медж тамашалагандай жооп берди. — Карышкырдын ушунча болуп чоочун кишиге барганын көргөнүбүз ушул.
— И-и, сиздер муну Карышкыр деп чакырат экенсиздер да! — деди Скифф Миллер.
— Мунун сизге үйүр тартып, жакындап турганына мен такыр түшүнбөй жатам. Кыясы, сиздин клондайкалык экендигиңизден болсо керек? Анткени бул клондайлык ит эмеспи.
— Ооба, мэм, — деп Миллер анын сөзүн анчалык элес албай элегей жооп берди.
Ал Карышкырдын алдыңкы бир бутун көтөрүп, таманын кармалап, сөөмөйү менен манжаларын баскылап, кадала тиктеп, көрүп бакты.
— Таманы жумшарып калыптыр, — деди ал. — Чанага чегилбегенине көп болгон окшойт.
— Жок, чын эле бул укмуш! — деп Уолт сөзгө аралашты. — Сиз эмне кылсаңыз да, баарына кыймылдабай тим туруп бергенин карабайсызбы!
Скифф Миллер ордунан өйдө турду. Эми анын кебетесинде жанагыдай күмөн саноо жок, бир жаңсыл боло түшкөнсүдү:
— Бул ит сиздердин колуңуздарда жүргөнүнө көп болдубу? — деп токтоо, сумсайыңкы сурады.
Анын жанынан чыкпай айланчыктап, бутуна сөйкөнүп, эркелеп турган Карышкыр дал ошол убакта күтпөгөн жерден эле оозун араандай ачып, үрүп коё берди. Куду эле ичинен бирдеме үзүлүп кеткен сыяктуу болду, анткени бул бир кызык, үзүк-үзүк чыккан шаттуу үрүш эле. Бирок, бул кадимки иттин үрүшүндөй болчу.
— Мына мунусу мен үчүн жаңылык! — деди Скифф Миллер.
Уолт менен Медж бири-бирине карады. Кереметтүү иш болду: Карышкыр үрдү.
— Мунун үргөнүн биринчи жолу угушум! — деди Медж күңкүлдөп.
— Мен да биринчи жолу угуп отурам, — деп жооп кайтарды Скифф Миллер.
Медж ага жылмайыңкы карады. Кыясы, бул киши — жаткан тамашакөй, күлдүргүч адам болсо керек деп ойлоду өз ичинен.
— Аныңыз чын, — деди Медж, — анткени сиз муну көргөнүңүзгө беш гана минуттай убакыт болду го!
Скифф Миллер бул сөзгө күдүктөнгөнсүп, аялдын иреңинен митайымдыктын жышаанасын байкоого аракеттенгендей, эки көзүн айырбай Меджди тиктеди.
— Мең сиздерди иштин ал-абалын байкадыңыздар го деп ойлогон элем, — деди ал жай гана. — Ит адеп эле мага айланчыктап, эркелегенден улам сиздер түшүнгөн жоксуздарбы? Бул менин итим. Мунун аты Карышкыр эмес. Аты Коңур.
— Ой, Уолт! — деген сөз, Медждин оозунан эрксиз чыгып кетти, ал күйөөсүнө муңайым карады.
Уолт ошол замат аялына жардамдашууга киришти.
— Бул сиздин итиңиз экенин сиз кайдан билесиз? — деп сурады ал.
— Анткени ит меники, — деп жооп берди Скифф Миллер.
Скифф Миллер акырын Уолтко карады да, анан башы менен Медж жакты жаңсап:
— Бу киши сиздин аялыңыз экенин сиз кайдан билесиз? Анткени менин аялым деп сиз ишенимдүү айтасыз. Анда, ушул да түшүндүрүш болдубу, деп мен да айтышым керекпи? Ит меники. Күчүгүндө асырап алып, багып өстүрсөм, анан кантип билбейм! Ишенбесеңиз карап туруңуз, мен азыр сизге далилдеп берейин.
Скифф Миллер ит жакка бурулду да:
— Эй, Коңур! — деп добуштады. Анын үнү катуу жана өктөм чыкты, ошол замат эркелетип жаткандай иттин кулагы жымыя түштү. — Кана!
Ит так секирип, чарк айланып, оң жакка бурулуп, тура калды.
— Эй, жөнө!
Ит ошол замат турган ордунан так түйүлүп алга карай жөнөдү да, кайта кыйкырыкты угуп, тык токтоду.
— Мен булардын бардыгын ага жөн эле ышкырып да иштете аламын, — деди Миллер. — Анткени ал менин чанага чегилген иттеримди дайым баштап жүрчү да.
— Сиз муну өзүңүз менен бирге алып кетесизби? — деп сурады Медж, үнү каргылдангандай мукактанып.
Киши башын ийкеди.
— Ошол жакка тирүүлөй азапка, бороон-чапкындуу суук Клондайкагабы?
Киши дагы башын ийкеди.
— Жок, аяк анчалык деле жаман эмес — деп кошумчалады ал. — Мына мени көрбөйсүздөрбү: көзүңүздөргө көтөрүм көрүнөмбү?

#44 11 Апрель 2016 - 01:28
— Бирок, бул дайыма жокчулук, чектен ашкан оор мээнет, ачкачылык, аяз — ит үчүн азаптуу турмуш да! О, кокуй, мен журналдан окугам, аяктын кандай экенин жакшы билем го.
— Ооба, бир жолу мен муну Майда-Балыкты деген өзөндүн жээгинде аз жерден жеп да коё жаздагам, — деп Миллер Медждин айтканына суз макул болгонсуду. — Кокус ошондо мылтыктын кароолуна бир бугу илинбегенде, анда бул Коңур алда качан күмжам болмок.
— Анткенден көрө өлгөнүм жакшы! —деди Медж.
— Чын, биерде, сиздер жакта турмуш башкача — деп түшүндүрө баштады Миллер. — Иттин этин жегенге дуушар болбойсуздар. Ал эми, башка мүшкүл иш түшүп, көөдөндөн кылтылдап жан чыкканы турса, анда таптакыр башкача ойдо болор элеңиз. Сиз андай жагдайга дуушар болуп көргөн жоксуз, демек, аякты тереңирээк билбейсиз.
— Бардык маселе ошондо да! — деп Медж кызуу сүйлөдү. — Калифорнияда иттин этин жебейт экен. Андай болгондо эмне үчүн муну мында таштап кетүүгө болбойт? Ага бул жер жайлуу, эч убакытта ач болбойт — аны өзүңүз деле көрүп турасыз. Анын үстүнө катуу сууктан, чектен ашкан оор мээнеттен запкы чекпейт. Биерде чаң жугузбай алпештеп эркелетет жана жакшылап багат. Быяктын жаратылышында да, адамында да тыяктагыдай осолдук жок. Эч качан ага камчы тийбейт. Ал эми аба ырайы жөнүндө болсо, аны өзүңүз деле билесиз: биерде эч убакта кар жаабайт.
— Бирок, ошого жараша жайында, кечирип коюңуз, ысыгы тозоктун отундай го, тим эле жаныңды коёрго жер таппайсың — деди Миллер күлүп.
— Бирок сиз али бизге жооп берген жоксуз! — деп Медж көшөрө сүйлөдү. Сиз ошол өзүңүздүн түндүгүңүздө буга деги эмне жакшылык көрсөтмөкчүсүз?
— Колдо барда тамак беремин, ал эми тамак жагы менде көбүн эсе ар дайым болуп турат.
— Жок болуп калган кездечи?
— Менде жок болсо, анын курсагы да ач болот.
— Жумушчу?
— Жумуш жагы жетишет — деп Миллер шарт жооп берди. — Ооба, күндүр-түндүр тынымсыз жумуш, ачкачылык да, суук да жана башка ар түрдүү үсүр да бар. Ит менин жанымда жүрсө, мына ушулардын бардыгын башынан өткөрөт. Бирок, ал ошону сүйөт. Башында эле ошол турмушка үйрөнгөн жана аны жакшы билет. Ошону үчүн туулган жана биз аны ошону үчүн багып-асыраганбыз. Ал эми сиздердин бул жагынан эч кандай кабарыңыздар жок. Эмне жөнүндө сүйлөп жатканыңызды жеткире түшүнбөй жатасыз. Анын анык турмушу тыякта жана ал аякта өзүн эң сонун сезет.
— Ит эч жакка барбайт, бул жерде калат, — деп Уолт кесе сүйлөдү, — демек, сөздү узартып, талашып отуруунун кажаты жок.
— Эмне-е?— деп Скифф Миллер үнүн созуп, сурдана кашын серпип кабагын түйдү. Анын кызарган маңдайына узатасынан бырыш пайда боло түштү.
— Мен ит биерде калат деп айтып жатам, сөз ушуну менен бүттү. Бул сиздин итиңиз экенине эч качан ишенбеймин. Мүмкүн сиз аны качандыр бир убакта көргөндүрсүз. Же болбосо, мүмкүн аны бир убакыттарда кожоюнунун тапшыруусу боюнча чанага да чеккендирсиз. Ал эми, түндүк жактын ити айдоочулардын адеттеги кыйкырыктарын, ышкырыктарын орундаткандыгы сиздин итиңиз экендигине толук далил боло албайт. Алясканын кайсы ити болбосун сиздин командаңызды дал эле ушул сыяктуу уга бериши мүмкүн. Анын үстүнө бул табылбай турган жакшы ит экени шексиз. Мындай ит Аляскада өзүнчө эле жаткан мүлк эмеспи, мына ошол себептүү сиз эптеп муну колуңузга түшүргүңүз келип тургандыр. Айтор, ит өзүңүздүкү экенин сиз толук далилдешиңиз керек.
Бул узак сөздү Скифф Миллер кайдигер укту, тек гана маңдайы саал кара күрөң тартып, бултуйган булчуң эттери кара нооту күрмөсүн тырс айрып жиберүүчүдөй чытырайт. Ушунун сырткы сөлбөрүңкү назик көрүнүшүндө канча күч жашырынып жатты болду экен деп сынап жаткандай, ал тигил ычкынган ырчыга жай баракат көз чаптырып чыкты.
ндан кийин Скифф Миллердин иреңинде кандайдыр жек көргөн белги пайда боло түшүп:
— Мен сизге чынын айтсам, ушул итти азыр эле көз ачып жумганча ээрчитип кете аламын — деп катуу жана чечкиндүү айтты.
Уолттун ачуусу аябай келди, ирең-башы кызарып, тулку бою менен обдулуп, булчуң эттери да жыйрылып, түйүлө түшкөнсүдү. Медж мушташ чыгып кетеби деп кооптонуп дароо сөзгө аралашууга ашыкты.
— Мүмкүн, мистер Миллердин айтканы чындыр, — деди ал. — Чынында эле бу кишиники ыраспы деп корком. Карышкыр, кыясы, бу кишини чыны менен тааныйт окшойт: «Коңур» деп чакырса селт этип, аны көрөр замат ага шыйпаңдап эркеледи. Өзүң билесиң, бул ит эч кимге эч качан минтип эркелеген эмес. Анан үргөнүн көрбөйсүңбү? Кубанганынан эмне кыларын билбей калды. Эмнеликтен антти? Сөзсүз, мистер Миллерди көргөндө сүйүнүп үрүп жибергендир.
Уолттун булчуңдары жазылып, күдөр үзгөндөй эки ийни шалкыйып ылдый түштү.
— Сенин айтканың чын окшойт, Медж, — деди ал. — Биздин Карышкыр Карышкыр эмес, Коңур экен, кыясы, чынында да мистер Миллердин ити болсо керек.
— Мүмкүн, мистер Миллер аны бизге сатып кетүүгө макул болор? — деди Медж. — Андай болсо, биз сатып алар элек.
Скифф Миллер башын чайкады, бирок жанагыдай чыйрак айтпастан үнү басаң чыкты, кичипейил жылуу сөзгө бул да кичипейилдүүлүк менен жооп берип:
— Менде беш ит бар эле, — деди ал сатпай турган себебин түшүндүрүп, сылык сүйлөөгө аракеттенип, — бул дайыма чанага чеккенде баштап жүрчү эле. Бүткүл Аляска боюнча менин иттерим эң алдыңкы болуп саналчу. Эч ким мени кууп жетип, алдыма чыга алчу эмес. 1895-жылы менин иттериме чыпчылгасы менен беш миң сом накта берген эле, бирок мен алганым жок. Ырас, ал убакта ит баа болчу. Бирок ошончолук көп акчаны мага кудайы кылып берип жатышкан эмес, менин иттерим баштан аяк мыкты эле да. Коңур болсо, баарынын мыктысы болчу. Ошол эле жылы кышында анын жеке башына бир миң эки жүз сом берди — албай койдум. Ошондо сатпаган, эми эмнеге сатмак элем. Мен, билсеңиздер, муну жанымдай көрөм. Издеп жүргөнүмө мына үч жылдын жүзү болду. Муну уурдап кеткенге капаланганымды сөз менен айтып түшүндүрө албайм, анын баасы үчүн эмес, тек гана анчейин… Сөзүмдү айып этпеңиздер, менин буга тим эле абдан берилгендигимден. Жанаа аны көргөнүмдө жөн эле өз көзүмө өзүм ишенбей кеттим. Көзүмө алда неме көрүнүп жатабы деп ойлодум. Мындай зор кубанычка оңой менен ишене койбойт экенсиң. Муну мен бапестеп багып, жетилткем. Бала сыяктуу жылуулап жаткызып, ороп-чулгап үстүн жаап коюучумун. Энеси өлүп калгандан кийин, бир челеги эки доллар турган коюу сүт берип, аны бактым. Өзүм болсо сүтсүз карандай кара кофе ичип жүрдүм. Бул менден башка эне дегенди эч качан көргөн да, билген да жок. Менин манжаларымды соргон күндөрү да болгон. бул шайтандын. Мына мынабу манжамды — Скифф Миллер ушунчалык катуу толкундап кеткендиктен, сөздөрүн байланыштырып, жөндөп айта албай тек гана сөөмөйүн чочойтуп алга сунуп, ит анын ити экендигине бул талашсыз далил боло тургансып, аптыгып-аптыгып: Мынабу манжам, — деп улам кайталай берди.

#45 11 Апрель 2016 - 01:29
Андан кийин алга карай сунулган манжасын үнсүз тиктеп туруп калды эле, ошол мезгилде Медж сөз катты.
— Ал эми итчи? — деди ал. — Ит жөнүндө да ойлобойсузбу? Скифф Миллер бул сөзгө түшүнө албай Меджге аң-таң карады. — Айтыңызчы, сиз бул жөнүндө деги ойлодуңузбу? — деп Медж суроосун кайталады.
— Эмнени айткыңыз келип жатканына түшүнбөдүм?
— Балким, иттин да тандай турган акысы бардыр, — деди Медж. — Мүмкүн анын да өзүнүн жакшы көргөн жана каалоосу бар чыгар. Сиз болсо аны менен эсептешпейсиз. Анын өзүнүн тандап алуу эркине жол бербей жатасыз. Мүмкүн ал Аляскадан көрө Калифорнияны көбүрөөк жакшы көрөр деген ой сиздин пикириңизге кирип чыкпады. Бар болгону өзүңүздүн гана кызыкчылыгыңызды көздөп жатасыз. Сиз аны жандуу нерсе экен деп эсептебестен, бир кап картөшкө же бир кучак чөп катары санайсыз.
Миллерге бул көз караш кандайдыр жаңы амал сыяктуу болуп сезилди. Күтпөгөн жерден пайда болгон маселеге ал ыкласын коюп, акылына салып, терең ойлоно баштады. Медж болсо, анын бир аз дал болуп, калтаарый түшкөнүн пайдаланууга тырышып:
— Эгерде сиз аны чыны менен жакшы көрө турган болсоңуз, анда анын бактысын өзүңүздүн бактыңыз деп эсептешиңиз керек да, — деп сөздөн кармагысы келип, шаштысын кетирди.
Скифф Миллер өзүнчө ой жүгүртө берди, Медж шаттана күйөөсүнө көз кыйыгын жиберип, анын көз карашыңан макул тапкандай белгини байкады.
— Демек, сиздин оюңуз боюнча кандай? — деп алдыртан сурады Клондайкадан келген киши.
Эми Медж анын сөзүнө түшүнө албай, ага аң-таң карады.
— Эмне айткыңыз келип жатат? — деп сурады Медж.
— Сиздин оюңуз боюнча Коңур бул жерде, Калифорнияда калгысы келет деп турасыз го?
Медж ишенимдүү башын ийкеп:
— Ага көзүм апанык жетет, — деди.
Скифф Миллер өз ичинен ойлонбостон, бул жолу күңкүлдөп үн чыгарып, кайтадан өзү менен өзү кеңеше баштады. Кайта-кайта өзүнүн ой жүгүртүп жаткан нерсесине кадала карап коёт.
— Жаткан көк жал, мээнеткеч, мындай ит чанда-чанда болот. Мага канча эмгек кылып берди! Мунун дагы бир жакшы жери — чанага жаңы чегилген үйрөнгүч жаш иттерди бирдикте алып жүрүп, эң жакшы иштетер эле. Чиркиндин акылын айтсаңчы! Бардыгын билет жана түшүнөт, сүйлөөргө гана тили жок. Эмне гана айтпа, баарын түшүнөт. Мына азыр караңызчы: биздин ал жөнүндө сүйлөшүп жатканыбызды сопсонун түшүнүп жатат. Ит кулагың тигип, сүйлөгөндөрдүн улам бирине жалт-жалт карап, башын алдыңкы буттарынын үстүнө коюп, комдонуп Скифф Миллердин бут жагында жатты.

— Бул али болсо иштей алат. Кадимкидей иштей алат. Болгондо да бир жыл эмес, бир нече жыл. Анын үстүнө мен бул, шайтан алгырды чын дитим менен өтө жакшы көрөм.
Андан кийин Скифф Миллер бирдеме айтууга оозун бир-эки жолу таптап келип, кайта эч нерсе айтпастан тим болду. Акырында:
— Эми иш мындай болсун. Мен сиздерге азыр эмне кыларымды айтып берейин. Сиздин айткандарыңыз, мэм, мындайча айтканда… чыны менен эле… жөндүү сөздөр. Бул ит өз доорунда көп эмгектенди. Мүмкүн, ал ырастан эле жайлуу, тынч турмушка акылуудур, азыр өзү тандоого да толук акысы бар. Иши кылып биз маселени өзү чечүүгө ага мүмкүнчүлүк берели. Өзү кандай кааласа ошондой болсун. Сиздер бул жерде калып, мурунку калыбыңыздарда отура бериңиздер, мен болсом коштошуп, эчтеке билбеген-көрбөгөн кишидей болуп жолго түшөйүн. Эгерде сиздер менен бирге калгысы келсе, кала койсун. Ал эми мени ээрчисе, мени менен кетсин. Мен аны чакырбайын. Бирок, сиздер да чакырбаңыздар, — деди.
Анан ал Меджди шектүү карап, мындайча кошумчалады:
— Бирок, шарт ушундай болсун —ак ойнойлу. Мен ары карап бурулуп кеткенде, аны азгырбаңыздар.
— Биз ак эле ойнойбуз…— деп Медж сөзүн бүтүрө электе, Скифф Миллер анын сөзүн бөлүп жиберди:
— Билем мен бу аялдардын амалын! Аялдардын жүрөгү кебездей жумшак, тим эле элжиреп турат, бирок кичине эле тийип койсоң болду, алар ар кандай айла таап, ар түрдүү амалды колдонуп шайтандай калп айтат эмеспи… Кечирип коюңуз, мэм, мен муну жалпы аял жынысына айтып жатам — деди ал.
— Сизге кандайча ыракмат айтууну да билбей турам…— деп Медж мукактанган үнү менен сөзүн баштаганда:
— Азыр белгисиз, эмнеге ыракмат айтмак элеңиз, — деп Миллер сөздү бөлдү. — Коңур али жыйынтыкка келе элек да. Эгер мен жай бассам, сиздер каршы болбостурсуздар дейм. Бул адилеттүүлүк болор эле, анткени — кандайдыр бир жүз кадам баскандан кийин менин карааным көрүнбөй калат.
Медж буга макул болду.
— Биз аны айнытуу үчүн эч кандай аракет кылбайбыз, бу жагынан сизге чын убадамды бере алам, — деп кошумчалады Медж.
— Кана эмесе, мен кеттим, — деди Скифф Миллер кош айтышып, кетип бара жаткан адам сыяктанып, үнүн көтөрүңкү чыгарды.

#46 11 Апрель 2016 - 01:31
Анын добушу өзгөрө калганын сезип, Карышкыр башын дароо көтөрдү. Медж менен Миллер кол алышып коштошуп жатканын көрөр замат ордунан ыргып турду. Арткы эки бутуна таканчыктап өйдө типтик көтөрүлүп, алдыңкы буттарын Меджге сүйөп, Скифф Миллердин колун жалай баштады. Скифф колун Уолтко сунган кезде, Карышкыр жанагыны дагы кайталады: алдыңкы эки буттарын Уолтко сүйөп туруп, экөөнүн тең колун жалады.
— Чынын айтсам, бул сейилдин мага көп анчалык кызыкчылыгы болбогон турат, — деп Миллер шарт бурулуп жалгыз аяк жол менен акырын жөнөдү.
Ал жыйырма кадам узап кетти. Карышкыр болсо, тигил азыр артына бурулат да, кайрылып келет деп үмүттөнгөндөй, аны ээрчий карап, былк этпестен, турган ордунда катып калды. Бир маалда ал акырын жана муңдуу кыңшылап жан-алы калбай Миллердин артынан сызып жөнөдү да, кууп жетип, кыя албай тургансып, эки алдыңкы буту менен тигини акырын колдон алып, токтотууга аракет кылды.
Токтото албасын билгенден кийин, Карышкыр бура тартып, дүмүрдө отурган Уолт Ирвинди көздөй чуркады. Ага келип, аны да жанагыдай жеңден алып, кетип бараткан адамды көздөй жетелөөгө бөөдө аракеттенди.
Барган сайын Карышкырдын айласы кетип, чый-пыйы чыга баштады. Эки жерде тең бирдей, — тигинде да, мында да, мурунку ээси менен да, азыркы ээси менен да бирге болгусу келет, бирок булардын арасы улам алыстагандан алыстай берди. Иттин кыйпычыктап тынчы кетти, алдас уруп, кайсынысын тандаарын билбей бир тигинисине, бир мунусуна чуркап, ары-бери удургуду. Улам-улам каңшылап, акактап, тилин сунду. Бир мезгилде чочоюп арткы эки бутуна отура калып, тумшугун жогору көтөрүп, жаагын кере-кере, калчылдап эстей баштады. Барган сайын дирилдегени көбөйүп, тамагы муунгансып баратты. Кекиртектеги үн байланыштары кыймылга келе баштады. Адегенде эчтеке угулган жок, — жөн гана көмөкөйдөн кырылдаган добуш чыкты, андан кийин адамдын кулагына угулаар-угулмаксан болуп, көкүрөктөн сызылып чыккан ичке, ачуу үн угулду. Мунун баары улуганга өзүнчө даярдык эле.
Бирок үнүнүн бардыгынча улуп жибере турган дал ошол мезгилде анын араандай ачылган жаагы өзүнөн-өзү жабылып, калчылдаганы басылып, кетип бара жаткан кишинин соңунан көзүн албастан, көпкө тиктеп турду. Андан кийин башын буруп, көпкө чейин Уолтту кадала тиктеди. Бирок анын бул жалдыраган көз карашына жооп болгон жок. Ит эч кимден лам деген сөз укпады, ал турмак ишаарат менен болсо да, кандай кылыш жөнүндө эч кимиси акыл-насаат, кеңеш-кебин көрсөтүшпөдү.
Ал кайта алды жакка көз жиберип, өзүнүн мурунку ээсинин бурулушка жакындап калганын көрүп, кайтадан тынчы кетип, күйпөлөктөдү. Кыңшылап ордунан атып турду да, кандайдыр бир ой эсине түшө калгандай, Меджди карай зымырады. Эки кожоюнду экөө тең андан безгенден кийин, эмки үмүтү анда гана калган. Жетип келип, башын анын эки тизесине катып, колун тумшугу менен түрткүлөй баштады — бул анын бир нерсе сурагандагы адаты эле. Андан кийин ал кетенчиктеп муңая жалбарган көзүнөн жана желкесине жымыйып жабышкан эки кулагынан тартып, көшөрдөнө булгалактаткан куйругуна чейин бардык денеси менен айта албаган оюн сүрөттөп түшүндүрүп жаткандай, тула-боюн ийип-чоюп, алдыңкы буттары менен жер тырмап, бир орунда секирип ойноктой баштады.
Бирок мындай жаракөрлөнгөнү узакка созулган жок. Күнү бүгүнкүгө чейин кымындай да салкын мамиле кылып көрбөгөн адамдардын мындай кайдыгер мүнөзү анын көңүлүн чөгөрдү. Ит тигилерден эч бир жооп, эч кандай жардам ала албады. Алар аны байкамаксан болуп, мелтиреп былк этпестен отурушту.
Ал артына кайрылып, кетип бара жаткан кожоюнун тым-тырс тиктеп турду. Скифф Миллер бурулушка жетип калган. Эми бир секунддан кийин көздөн кайым болот. Бирок, ал бир жолу да кайрылып артын караган жок. Артында болуп жаткандар ага таптакыр тиешеси жок сыяктанып, жайбаракат, бутуң салмактуу таштап, кетип бара жатты.
Мына эми ал кайрылыштан бурулду да, көздөн кайым болду. Карышкыр кыбыр этпестен, үнсүз-дабышсыз, каткан кара таштай мелтиреп, көпкө чейин күтүп турду. Ал бир ирет кыска гана үрдү да, дагы күттү. Андан кийин бурулуп, бөрү желиш менен Уолт Ирвинди көздөй жөнөдү. Анын колун шимшилеп жыттагылады да, ээн калган жалгыз аяк жол жакты баштанып, аяктан көзүн айырбай Уолттун бутунун жанына узунунан түштү.
Бетин эңилчек баскан таштын үстүнөн агып жаткан жеңдей ичке суунун шылдыраганы эмне үчүндүр жаңырып, катуураак угулат. Боз торгойлордун миң кубултуп мукам сайраган үнүнөн башка шырп эткен дабыш жок. Далдайган чоң сары көпөлөктөр канаттарын күндүн , нуруна чагылтып, табышсыз учуп, тунжураган көлөкөгө кирип, житип кетишет. Медж жеңишке ээ болгондой, кубанычтуу жүз менен күйөөсүн карады.
Бир нече минутадан кийин Карышкыр ордунан турду. Эми анын кыймылында бир ойго келип, санаа тынчып, ишеним пайда болгонсуйт. Ал эркекке да, аялга да бурулуп карабады; жалгыз аяк жолдон эки көзүн албай тикирейди. Бир жаңсыл болгон сыяктанды. Тигил экөө да анысын түшүндү; эми өздөрүнө да сыноо жаңыдан башталганын түшүнүштү.
Карышкыр дароо эле буттарын кере, так түйүлүп жөнөдү, аны жылуу-жумшак үн менен чакырып, токтотуш үчүн Медждин эриндери чормоюп, тегерек боло түштү — ушунчалык аны чакыргысы келди дейсиң! Бирок, октолгон жылуу сөз сыртка чыкпастан, эриндеринде жабышып калгансыды. Эмне кыларын билбей, аргасыздан күйөөсүнө карады, бирок тигинин жактырбагандай сурданган көз карашын байкады да, эриндерин кымтып, акырын гана күрсүнүп алды.
Карышкыр болсо жанагыдан да катуу сызып бара жатты. Уламдан-улам арышты кере-кере таштады. Артына кылчайып бир да караган жок, анын карышкырдын куйругундай куйругу октой болуп, түптүз суналып калды. Көз ачып жумганча бурулушка жетип, көздөн кайым болду.
1906

#47 12 Апрель 2016 - 01:44
АДАМДЫ АТУУ ОҢОЙ ЭМЕС
Үйдүн ичин бүлбүлдөгөн жалгыз кичине чырак күңүрт жарык кылып турат, бирок аягына чыга окуп бүтө элек ыр китепти аял жанараак бир жерге койгон болчу, ал жөнүндө эми гана эстей коюп, курулай издемиш болуп өзүнө белгилүү кең бөлмөлөрдү жана чоң залдарды ишенимдүү аралап жүрдү. Мейманканага кирип, жарык кылды. Жарык анын жылаңач ийнин жана мойнун жашырып туруучу сайма тор менен кооздолгон үйдө күйүүчү жеңил мала кызыл жибек көйнөкчөн денесин каптады. Караңгы киргенине карабастан, анын манжаларындагы шакектери алигече жарыкка чагылышып жаркылдайт, жибектей чачы барпайта кооз таралган. Аял өзүнчө абдан өңдүү-түстүү жана келбети келишимдүү эле. Анын назик тегерек бет түзүлүшүндө жука, кызыл эриндери жана бетинин отундагы жагымдуу нуру менен бирге, хамелеондой28 кубулма көк көзү балбылдайт: көздөрү бирде кыз чактын күнөөсүз наристелигин билгизип бакырайса, бирде ырайымсыз, сурданып суук көрүнүп, кээде кандайдыр жапайы, өкүмчүл жана каршыкма боло түшөт.
Ал мейманкананын жарыгын өчүрүп, вестибюлду кезип, башка бөлмөнү көздөй жөнөдү. Эшиктин жанына келип, эмнегедир кулагын түрүп, тыңшап токтой калды! Кимдир бирөө басып жүргөнсүп, кандайдыр бир шыбыш, жеңил дабыш угулгансыды. Ал эчтеке уккан жокмун деп коюуга деле даяр эле, бирок эмне үчүндүр бүткөн боюн калтырак басып кетти. Түнкү жымжырттык бузулууда эле. Аял ушундай беймаал убакта үй кызматчыларынын бөлмөлөрдү кыдыра турган эмне иши бар? — деп ой жүгүрттү. Албетте иш башкаруучу эмес, анткени ал кысталыш кездерде гана болбосо башка убактарда эрте уктай турган адатын бузбайт. Горничная да эмес, себеби ал эртең мененкиге чейин суранып кеткен.
Ашкананын жанынан өтүп баратып, эшиктин бек турганын көрдү. Аны эмне үчүн ачып кирип барганын өзү да билбейт. Балким, жанагы санаасын алагды кылган дабыштын дал ушуяктан чыкканын эрктен тышкары сезгендир. Бөлмө караңгы эле, бирок ал сыйпалып выключателди29 таап, бурап жиберди. Бөлмө ичи жарык боло түшкөндө, ал эшикти карай кетенчиктеп, аптыгып үнүн акырын чыгарып чочуп кетти.
Дал бет маңдайында, выключателдин катарында дубал менен дубал болуп, тапанчаны аны карай сунуп бир чоочун киши турат. Эси чыгып кеткендигине карабастан, тигинин колундагы кара узун тапанчаны көзү чалды. «Кольт» — деп ойлоду. Киши орто бойлуу, кийми жупуну, анын күнгө күйүп тотуккан иреңи менен кара көздөрү бир калыпта таптакыр жай карагансыйт. Анын чала бүгүлгөн колундагы тапанча калтылдабайт жана анын оозу аялдын дал төшүн карап турат.
— Ой, кечиресиз, — деди аял. — Аябай коркуп кеттим. Эмне керек сизге?
— Мага мүмкүн болушунча, биерден тезирээк чыгып кетүү керек, — деп жооп берди эркек оозун кыйшайтып. — Мен сиздердин чоң имаратыңыздардын ичинде жүрүп адашып кеттим окшойт, эгерде сиз кичи пейилдүүлүк кылып тышка чыга турган эшикти көрсөтүп койсоңуз, мен эч зыян келтирбестен азыр эле чыгып кетет элем.
— Буерде эмне жумуштап жүрөсүз? — деп сурады аял. Анын үнү буйрук берип көнгөн кишинин үнүндөй өкүм чыкты.
— Анчейин, карактоо үчүн келгем, мисс, башка эчтеке жок. Мен быякта колго илине турган бирдеме бар бекен деп кирип келгем. Сиздердин үйдө жок экениңиздерге толук ишенгемин, анткени абышка экөөңүздөр машинага түшүп жатканда көргөн болчумун. Жанагы сиздин атаңыз эмеспи, а сиз болсо мисс Сетлифсиз да?
Миссис Сетлиф анын жаңылып жатканын сезип, куулук-шумдуксуз көшөкөрдөнө мактоонун төркүнүн байкай коюп, бөтөн адамды чатыштырууну ойлоду.
Менин мисс Сетлиф экенимди сизге ким айтты? — деп сурады ал.
— Бул карыя Сетлифтин үйү да?
Аял ооба дегендей башын ийкеди.
— Анын кызы бар экенин мен билген да эмес элем. Болуптур эмесе, эгерде сизге кыйынчылык болбосо, бул жерден чыгып кете турган эшикти көрсөтүп койсоңуз, мен сиздин жакшылыгыңызды түк унутпас элем.
— Эмне үчүн антем? Сиз ууру, каракчы эмессизби!
— Эгерде мен бул иш боюнча таптакыр жетилбеген музоочук болбосом, сиз менен шаан-шөкөттөшүп отурбастан алдагы колуңуздагы шакектериңизди шыпырып алып тим болбойт белем, — деди ал. — Бирок, мен аялдарды каракташ үчүн эмес, карыя Сетлифти сотойто тазалаганы келгем. Эгерде сиз эшиктен мындай боло берсеңиз, чыга турган жолду өзүм деле таап алам.
Мисс Сетлиф абдан сезгич эле. Бул кишиден кымындай да коркуунун кереги жок экенин тез эле түшүнө койду. Анын даасыган кылмышкер эмес экени, сүйлөгөн сөзүнө караганда, шаардык эмес экени ачык билинип турат. Ал түгүл учу-кыйрына көз жеткис талаа мейкининин таза абасы жыттанып кеткенсиди.
— Эгерде мен азыр кыйкырып жиберсемчи? — деп сынады аял. — Эгерде жардамга чакырсамчы? Сиз мени атып ташташка жөндөмдүүсүз да? Аялды?
Аял тигинин күңүрт көзүнөн, калтааруунун белгисин байкай койду. Ал кыйын маселени чечип жаткандай ойго батып, жай жооп берди:
— Анда мен сизди муунтуп майып кылып коёт элем.
— Аялдыбы?
— Ошентүүгө мен аргасыз болот элем — деп жооп берди ал. Аял болсо анын эриндери катуу жыйрыла түшкөнүн байкады. — Албетте, сиз бар болгону, каршылык көрсөтө албаган күчсүз аялсыз, бирок, мисс, түрмөгө түшүүгө мага эч болбойт. Эч болбойт, мени Батышта досум күтүп жатат. Ал кырсыкка дуушар болду, мен аны андан куткаруум керек. Сизди анчалык көп кыйнабай туруп эле муунтуп өлтүрүү колумдан келет го деп ойлойм.
Аял таң калган балага окшоп, андан көзүн айырбай карап турат.
— Мен ушунча болуп каракчыларды көрө элек элем, — деп түшүндүрүп жатты аял. — Сиз менен сүйлөшүп турганым ушунчалык кызык экенин сиз билбейсиз.

#48 12 Апрель 2016 - 01:46
— Мен каракчы эмесмин, мисс… Мындайча айтканда, анык кадимки каракчы эмесмин, — деп кошумчалоого шашып кетти ал аялдын күлкүлүү шылдың менен тиктеп турганын көрүп. — Ооба, ошондой деп ойлоого болот. Бейтааныш үйгө уурданып киргенден кийин… Бирок мен мындай ишке биринчи киришип отурушум. Мага акча өтө зарыл керек. Анын үстүнө мен, чындыгында,
өзүмө тийиштүүлөрдү гана алганы жатам.
— Түшүнбөйм, — деп аял көңүлү көтөрүңкү жылмайды. — Сиз мында уурдаганы келдиңиз, ал эми карактоо өзүнө тиешеси жокторду алуу деген эмеспи.
— Бул бир жагынан ошондой, бир жагынан андай эмес… Бирок, кечиктим окшойт, кетүүм керек.
Ал эшикти карай басты, бирок аял анын жолун торгоп, коё бербеди. Ушундай да азгырган тоскоол болобу! Ал, аялды кармап калчудай болуп сол колун сунду, бирок даай албай токтоп калды. Аялдын жумшак мамилеси жана аялдык касиети аны өзүнө тартып алды көрүнөт.
— Мына көрдүңүзбү, — деп салтанаттуу сүйлөдү аял, — сиздин мага катылбай турганыңызды билгемин.
Чоочун киши эмне кыларын билбей, маң болуп калды.
— Мен аялдарга өмүрүмдө озбодорчулук кылган эмесмин, — деп түшүндүрдү. — Антүүнүн өзү да кыйын. Бирок эгерде сиз кыйкыра турган болсоңуз, мен анда мажбур… болом.
— Дагы бир нече минут токтой туруңуз, — деп суранды аял. Аңгемелешели. Бул абдан кызык. Карактоо — сизге тийиштүүсүн алуу деген сөз экенин түшүндүрүп берүүңүздү суранам. Ал, аялды суктана тиктеди.
— Мен ар качан аялдар каракчылардан коркот го деп ойлоочу элем, — деп чынын айтты ал, — бирок сиз андай аялдардан эмес окшойсуз!
Аял жайдары күлдү.
— Ар түрдүү уурулар болот! Мен сизден коркпойм, себеби — аялдарга кордук көрсөтүүгө колуңуз барбай турган адам экениңизди көрүп турам. Бир аз аңгемелешип отуралы. Эч ким биздин тынчыбызды албайт. Мен үйдө жалгызмын. Атам түнкү поезд менен Нью-Йоркко кеткен, анын үй кызматчылары болсо бүт уктап жатат. Сизге бирдеме ооз тийгизип, конок кылсам болот эле — өздөрү колго түшүрүп алган каракчыларды аялдар ар дайым конок кылчу, эч болбогондо мындай окуялар романдарда учурайтко. Бирок оокаттары кайда экенин билбейм. Мүмкүн, ичкилик ичип жүрбөңүз?
Ал ыргылжың болгонсуп, эчтеке деп жооп берген жок; бирок өзү ага абдан жагып калганын аял кыйынчылыгы жок билип-сезип турду.
— Чочулап турасыз го? — деп сурады аял. — Мен сизди ууландырбайм, чын айтам. Сизди ишендириш үчүн өзүм да бирге ичишейин.
— Ушундай да ачык-айрым, тайманбаган кыз болосузбу! — деп үнүн катуу чыгарды ал тапанчасынын оозун биринчи жолу жер каратып. — Мен мындан ары шаардык аялдар коркок деген сөздөргө эч качан ишенбейм. Мына, сиздин сырткы кебетеңиз начар, кичинекей эле аялсыз, ал эми баатырдыгыңыз өлчөмдө жок! Баарыдан да ишенгичтигиңизчи! Жарак-жабдыктуу каракчы менен моминтип дити батып жай-баракат сүйлөшүп турууга аялдардан, же болбосо жадаса эркектерден канчасы табылат болду экен?
Аял бул сөзгө көңүлү көтөрүлгөнсүп жылмайып койду, бирок ал сүйлөй баштаганда иреңи сумсая түштү.
— Анткени — сиз мага жагып калдыңыз. Сиз сыртыңыздан дурус киши көрүнөсүз, сизди каракчы деп айтуу өтө кыйын. Бул кесибиңизди таштаңыз. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, кызмат издеңиз. Болду эми, алдагы оңбогон тапанчаңызды мындай таштап коюңузчу, андан көрө иш жөнүндө сүйлөшөлү. Баарыдан мурун иш табышыңыз зарыл.
— Бул шаардан кызмат табылбай койду, — деди ал кайгыргансып. — Кызмат издеп жүрүп бутумдун таманы тешиле турган болду. Чынын айтканда, ошого чейин… жумушсуз калганга чейин анчалык деле жаман адам эмес элем.
Анын ачуулана айткан сөзүнө аял шайыр күлдү, бул күлкү ага жагып калгансыды, ал эми аял болсо, муну сезе коюп, мына ушул ыңгайлуу учурду пайдаланууга аракеттенди. Эшиктен мындайраак боло берип, түз эле шкафты карай жөнөдү.
— Мен быяктан бирдеме издеп тапканча, сиз мага бардыгын төкпөй-чачпай айтып бериңиз. Эмне ичесиз? Вискиби?
— Ооба, мэм, — деди ал аялдын артынан ээрчип баратып, бирок тапанчасын колуна дагы эле бек кармап, ачык жана эч ким кайтарбаган эшикти улам-улам кооптуу тиктеп баратты.
Аял стаканга виски куйду.
— Сиз менен бирге ичемин деп убадам бергем, — деди аял чоюла сүйлөп, бирок вискини менин табытым тартпайт. Мен… мен херести30 жакшы көрөм.
Аял андан уруксат сурагандай, толтура херес куюлган бөтөлкөнү өйдө көтөрүп койду.
— Албетте, виски — эркектердин ичимдиги. Чынымды айтсам, аялдар виски ичкенин көп анча жактырбайм. Вино болсо бир башка иш.
Аял аны моймолжуп, жароокер тиктеп туруп стаканын кагыштырды.
— Сиздин ийгилигиңиз үчүн! Жакшы кызмат таап алууңузду каалайм…
Бирок аял тигинин иреңинен жийиркенгендиктин жана таң калгандыктын белгисин байкап, сөзүн токтотту. Эркек эрдин гана тийгизип, стаканды кайра жерге койду.
— Эмне болуп кетти? — деди аял таң калып. — Сизге виски жакпай калдыбы? Мүмкүн, мен жаңылышып калдымбы?
— Башкача виски экен! Ыш жыттанат…
— Менин келесоолугум ай! Мен сизге шотлан вискисин берген турбаймынбы, а сиз, албетте, биздин вискини ичүүгө көнгөндүрсүз. Апкелиңиз алмаштырып берейин.
Аял дээрлик энелик камкордугу менен стаканды которуп жана керектүү бөтөлкөнү таап келди.
— Кандай, бул виски сизге жактыбы?

#49 12 Апрель 2016 - 01:47
— Ооба, мэм, бул ыш жыттанган жок. Накта биринчи сорт виски экен. Мен бир жумадан бери оозума бир тамчы да виски ала элекмин. Бул майланышкан виски экен. Эч кандай кошундусу жок, накта экени көрүнүп турат.
— Сиз көп ичесизби?
Бул бир жагынан суроо, экинчи жагынан дагы ичүүгө шыктандыруу иретинде айтылды.
— Жок, мэм, андай дешке деле болбойт. Мурда жакшы эле көп иччүмүн, бирок кезек-кезеги менен гана… Кээде мына азыркыдай бир рюмка жакшы виски зыяндык кылбайт. Болуптур эмесе, мэм, жакшылыгыңызга чоң ыракмат, мен кетейин.
Бирок миссис Сетлиф колуна түшкөн ууруну оңой менен коё бергиси келген жок. Бул окуянын анчейин кургак кыялына берилип кетти дешке деле болбойт эле — анткени, аял ага көп анча кызыгуучу эмес. Ошого карабастан, бул окуяда кандайдыр сейрек учурай турган адам таң каларлык нерсе бар эле, аялды мына ошонусу кызыктырды. Анын үстүнө андан кооптоно турган эчтеке жок экенин аял толук түшүндү. Бул адам өзүнүн чап жаактуулугуна, көзүнүн сүрдүүлүгүнө карабастан укмуштуудай элпек эле. Аялдын кандайдыр терең сезимине тааныштары муну укканда… алардын таң калуулары жана суктануулары жөнүндөгү ой кылт этти. Мындай окуяны колдон чыгаруу өкүнүчтүү болмок…
— Ошентип, карактоо — сиздин оюңузча, өзүңүзгө тийиштүүнү алуу деген сөз экенин айтып берген жоксуз, — деди аял. — Биерге, столго жакын отуруңуз да, ошол жөнүндө айтып бериңиз.
Аял өзүнө отургуч жылдырып алып отурду, тигини болсо теке маңдайына отургузду. Кыясы, кооптонуу эркектин көңүлүнөн кетпеди окшойт: улам тегерекке кыраакы көз чаптырып, суктанган кебетеде аялды карайт, бирок аял сүйлөп жатканда гана анын иреңине бир аз назарын салып карап турат, анын добушуна караганда, башка дабыштарга көбүрөөк кулагын салат. Тапанчаны бир мүнөт да эсинен чыгарбайт. Тапанча экөөнүн ортосунда, столдун бурчунда, туткасы анын оң колуна оңтойлуу жатат.
Ал таптакыр чоочун, өзүнө бейтааныш үйдө болчу. Чытырман токой менен ээн талааны тайманбай кыдырып жүргөндө төрт тарапка тең сергек көз чаптырып, кулак түргөн бул Батыштын уулу, столдун астында өзү менен аңгемелешип отурган аялдын бутунун жанында электр кнопкасы бар экенин билген эмес. Мындай ойлоп чыгарылган нерсе жөнүндө ал эч качан уккан да эмес, анын кыраакылыгы жана сактыгы биерде күчсүз эле.
— Билгиңиз келсе, мисс, — деп баштады ал, аялдын такыган суроосуна жооп берип, — качандыр бир убакта карыя Сетлиф бир иште мени аябай алдап, боорум менен жылдырып таштаган. Бул барып турган алдамчылык эле, бирок ал үчүн иш оңунан чыкты. Кимдердин чөнтөгүндө жүздөгөн миллион акчасы болсо, аларга баары закондуу, алардын колунан баары келет. Мен сиздин атаңыздын үстүнөн даттанып же андан өч алайын деп жатканым жок. Ал мен жөнүндө эч качан уккан эмес жана албетте, мени жардылантып ушул абалга жеткиргенин өзү да билбейт. Ал атак-даңкы чыккан, колунда миллиондогон акчасы бар чоң неме болсо, мага окшогон майда-барат бирөө жөнүндө кайдан уксун! Ал бирди-бирге урунуштурган шылуун адам. Анын кол астында жүздөгөн түрлүү адистер бар, алар анын камын ойлошуп ал үчүн иштеп беришет. Угушума караганда, алардын кай бирлери айлык акыны Кошмо Штаттардын президентинен да көп алышат экен. Мен болсом, сиздин атаңыз жакырланткандардын ичинен миңдин гана биримин.
— Карабайсыңбы, мэм, менин бир аттын күчүнө барабар гидравликалык установкалуу кичинекей ишканам бар эле. Бирок, Сетлиф жана анын шериктери Айдахону бүткүл өз колдоруна алып, эритүүчү трестти кайрадан түзүп, бардык жерди өздөрүнө менчиктеп алып, Туин Пайнста күчтүү чоң гидравликалык установканы орноткондон кийин, албетте, мен өз ишимде, жадаганда, жумшаган каражаттарымды актабастан, күйүп кеттим. Мени сүрүп чыгарышты. Жыйнаганымдын баары жылас болду. Мына ошентип, бүгүн түнү жан сактаарга сокур тыйыным жок, анын үстүнө жолдошумдун абдан кысталып жатканын билип, мында кирип, сиздин атаңыздын дүнүйөсүнөн азыраак алып кетүүнү ойлогом. Мага акча абдан керек болуп жатат, демек, эгерде мен андан өзүмө тийиштүүнү алсам, анчалык деле чоң күнөө болбос.
— Сиздин айтканыңыз чын болгон күндө да, — деп миссис Сетлиф анын сөзүнө макул болбогонсуду, карактагандын аты карактаган. Бул айткандарыңыз менен сотто эч убакта актана албайсыз.
— Аны билем, — деп бат эле макул боло койду. — Адилет иштин баары эле дайыма закондуу боло бербейт. Мына ошондуктан, биерде мен тынч отуруп сиз менен сүйлөшө албай жатпайымбы. Бул, сиздин чөйрөңүз менин көөнүмө жакпайт дегендикке жатпайт. Жок, сиз мага абдан жагасыз, бирок полициянын тырмагына илинип калуум эч мүмкүн эмес. Алар мени эмне кылаарын мен эң сонун билем! Кечээги эле өткөн жумада бир жигитти бар болгону көчөдө бараткан бирөөнүн чөнтөгүнөн эки доллар, сексен беш цент кымтып алгандыгы үчүн беш жылга соттоп жиберди. Мен муну газетадан окудум. Жумуш жок болуп кыйынчылык башка түшкөн кездерде адамдын аргасы түгөнүп, тобокел болуп кетет тура. Колунда бирдемелери барлар да ырайымсыз болушуп, колуна ким тийбесин терисин тескери сыйрып өч алышат. Эгерде мени азыр кармап алышса, анда мага сөзсүз он жылдан кем кеспейт. Ошондуктан, биерден эртерээк кетким келет.
— Жок, токтой турсаңыз, — деп аял кылыктанып аны дагы кармап турууга аракеттенип, ошол замат жанатан бери улам басып коюп отурган кнопкадан бутун тартып алды, — сиз, жадаса мага атыңызды да айтпадыңыз.
Эркек бир азга ыргылжың болуп ойлонгондон кийин:
— Мени Дэйв деп атай бериңиз… — деди.
— Мына ошентип… Дэйв, — деди аял күлүмсүрөп жагымдуу оңтойсузданып — Сиз үчүн бирдеме ойлонуш керек. Сиз али жашсыз жана биринчи ирет жаман жолго түшүп отурасыз. Эгерде сиз мындан ары да, сиздин оюңуз боюнча, өзүңүзгө тийиштүүлөрдүн баарын ала берсеңиз, кийин сизге тийиштүү эместерди да ылгабастан ала баштайсыз. Сиз билесизби, аягы кандай болуп бүтөрүн. Андан көрө, сизге адал эмгек издеп табууну ойлонушуп көрөлү.
— Мага акча керек, болгондо да азыр керек! — деп кесе жооп берди ал. — Мага эмес, жанагы сизге айткан жолдошум үчүн керек. Ал азыр кыйын абалда, аны кырсыктан тезирээк куткарыш керек, болбосо иши жаман болот.
— Сизге орун издеп таап бере алам, — деди аял бат эле. — Жолдошуңуз жөнүндө болсо… Билесизби? Мен сизге карыз акча берейин, сиз аны ага салып жибериңиз. Кийин мага айлык акыңыздан кайтарып бересиз.

#50 12 Апрель 2016 - 01:48
— Үч жүз доллар болсо жетээр эле — деди жигит жай гана. — Ооба, үч жүз менен ал кутулуп кете алат. Ошол акча үчүн анан дагы оокаттык жана тамекилик тыйын-тыпыр үчүн бир жыл башым менен жер казып иштөөгө даяр элем.
— А, сиз тамеки чегесизби? Мен ал жөнүндө ойлогон эмес экем.
Аял колун дал тапанчанын үстүнөн арта салып сунуп, анын манжаларына туруп калган сары ышты көрсөттү. Ошол эле мезгилде тапанчага чейинки аралыкты көзү менен болжолдоп ченеп чыкты. Тапанчаны шып илип ала койгусу келди. Бул иш колунан келээрине өзү так ишенсе да, ага бара алган жок. Акыры өзүн-өзү токтотуп, колун кайра тартып алды.
— Сиздин тамеки тарткыңыз келип турабы?
— Ушунчалык тарткым келип турат…
— Тарта бериңиз, каршылыгым жок. Ал турмак тамеки тарткандарды, албетте, сигарет болсо, мен абдан жакшы көрөм.
Жигит сол колун салып, каптал чөнтөгүнөн бир айрым ушаланган папирос кагазын алып чыгып, тапанчанын катарындагы оң колунун жанына койду. Кайра чөнтөгүнө колун салып, бир чымчым киргилт, кесек тамекини кагазга салды. Андан кийин эки колун тең тапанчанын үстүнө коюп, тамеки ороду.
— Менден чын эле коркуп жаткансып, алдагы түрү суук тапанчадан таптакыр ажырабай калыпсыз, — деди аял кайраттанып.
— Сизден коркконум жок, мэм, бирок ошондо да азыраак көңүл жай эмес…
— Мен сизден коркпой эле отурбайымбы?
— Сиз эмнеден коркмок элеңиз.
— Өмүрүмдү тобокелге салганымчы? — деди аял.
— Ооба, чын, — деп эркек тез мойнуна алды. — Канткен менен корккон жоксуз! Мүмкүн, мен өтө эле сактырмын.
— Мен сизге эч жамандык кылбаймын, — деп аял аны сумсайыңкы жана мостоё тиктеди, ошол мезгилде туфлийинин таманы менен электр коңгуроосунун кнопкасын дагы басты. — Менин байкашымда, сиз кимдин ким экенин көп анча ылгай албайт окшойсуз! Өзгөчө аялдарды! Мен сиздин кылмыштуу ишиңизди таштатууга аракеттенип жана сизге адал эмгектенүүгө кызмат таап берейин деп жатсам, а сиз болсо…
Жигиттин бети чымырай түштү.
— Кечирип коюуңузду сурайм, мэм, — деди ал, — менин шекшингеним уят окшойт.
Оң колун тапанчадан тартып алып, тамеки тартты, андан кийин колун тизесине койду.
— Ишенгениңизге ыракмат, — деди аял үнүн акырын чыгарып, анан көзүн тапанчадан башка жакка буруп, коңгуроонун кнопкасын дагы катуураак басты.
— Жанагы үч жүз долларды, — деп сөзүн баштады жигит, — мен бүгүн эле телеграф менен Батышка жөнөтүп жиберет элем. Ал акча үчүн толук бир жыл иштесем да макулмун, оокаттык бир деме алып турсам эле болду.
— Сиз андан алда канча көп иштеп табасыз. Мен сизге айына жетимиш беш доллардан кем эмес айлык акы берүүгө убада берейин. Ат багуу колуңуздан келеби? Жигиттин иреңи күлмүңдөп көзүнөн от жанды.
— Болду эмесе, мага же менин атама кызматка орношуңуз, — баары бир кызматчыларды дайыма мен жалдайм. Мага дагы бир ат айдагыч керек…
— Ат айдагычтын киймин кийиппи? — деп чочуп кеткендей сөздү тез бөлдү; анын дабышынан Батыштын эркин уулунун текеберчилиги угулуп, иреңинен шылдыңдуу жылмаюу сезилип турду.
Аял илбериңки жылмайып койду .
— Демек бул иш сизге жакпады го. Башкасын ойлоп табайын… Айгырларды үйрөтүүнү билесизби?
Ал башын ийкеди.
— Биздин асыл тукум айгырларды өстүрүүчү завод бар, ошондон сизге окшогон кишиге кызмат табылат. Макулсузбу?
— Макулсузбу дейсизби, мэм? — Анын үнүндө ыраазылык менен кубанычтын белгиси турду. — Айтыңызчы ал каерде. Мен ишти эртең эле баштоого даярмын. Сизге күн мурунтан убадамды берип коёюн: Хьюги Люкту азаптан куткарганыңызга эч качан өкүнбөйсүз.
— Сиз өз атыңызды Дэйв деп атагандай болбодуңуз беле? — деди аял азыраак жемелегенсип.
— Ооба, мен калп айтып койдум, кечирип коюңуз. Менин чыныгы атым Хьюги Люк. Эгерде сиз асыл тукум заводуңуздун каерде экенин түшүндүрүп жана жол кире берсеңиз, мен эртең эртең менен дароо жолго чыгам.
Мына ушуларды сүйлөшүп жатып аял коңгуроонун кнопкасын тынымсыз басып жатты. Ал коңгуроону ар түрлүү белги: үч кыска жана бир узак, эки кыска жана бир узак, акыры беш коңгуроону катары менен берди. Андан кийин бир нече жолу кыска коңгуроо берип туруп уч мүнөт тынымсыз шыңгыратты. Ансайын уйкудан баш көтөрбөгөн, акылсыз иш башкаруучуну өз ичинде купуя жемелесе, бирде коңгуроонун оңдугуна шекшинет.
— Сиздин макул болгондугуңузга мен тим эле ушунчалык кубанычтуумун, — деди аял, — тим эле ушунчалык кубанычтуумун! Муну эч кандай убарасы жок эле уюштурууга болот. Эмесе уруксаат этиңиз, мен жогору жактагы капчыкты барып алып келейин.

#51 12 Апрель 2016 - 01:50
Жигиттин көзүндө пайда боло калган шектенүүнү байкай коюп ошол замат мындайча кошумчалады:
— Мен деле сизге үч жүз долларды ишенип жатпаймынбы?
— Мен сизге ишенем, мэм, — деп урматтагандай жооп берди жигит. Анчейин гана өзүмдү өзүм токтото албай жатам.
— Демек, жогору жактагы акчага барып келсем болобу? Жигит жооп бергиче, аял алыстан чыккан бир күңүрт табышты укту. Ашкананын эшиги кычырап ачылганын аял жакшы билди, бирок табыш угулар-угулмаксан болуп араң чыкты, — көбүнчө табыш эмес эле, абанын жеңил элп эткениндей болчу: эгерде ушунчалык назарын салып турбаса, аял укпай да калат эле. Бирок ал табышты Хьюги Люк да укту.
— Бул эмне? — деп сурады ал чочулап.
Аял жооп берүүнүн ордуна колун сунуп, тапанчаны шып илип алды. Анын мындай кыларын Люк түк күткөн эмес, аял мына ушундай учурдан пайдаланууну көздөгөн болчу. Жигит шап колун сунуп, тапанчанын ордун басып калды.
— Отур! — деп үнүн катуураак чыгарып буйрук кыла сүйлөдү аял, жигит адегенде ал үндү тааныган да жок. — Кыймылдаба! Колуңду столдун үстүнө кой.
Жигит тапанчаны кандай кармаганы аялдын эсинде калган, мына ошол ага пайдалуу иш болду. Оор тапанчаны колун созуп кармап туруунун ордуна, аял чыканагын столго таяп, жигиттин башын мээлебестен дал көкүрөгүн мээледи. Аялдын колунан тапанчаны ыргыта урууга эч ылаажы жоктугун көрүп, ал анын буйругуна баш ийип, тынч отурду, жаза атууга да ишенич кыйын. Анын байкашында, тапанча да, кол да калтылдабайт, ошентип учу жумшак ок чыгып кеткенден кийин көзөнөктүн көлөмү көзүнө элестей түштү. Анын көзү аялда эмес эле пистон ургуч букада болду, анткени — аял машааны манжасы менен азыраак басып койгон сайын, өйдө көтөрүлө калып жатты.
— Алдагынын сайы араң кармап турганын сизге эскертип коюшум керек. Машааны анчалык катуу баспаңыз болбосо бир жериме грек жаңгагындай гана көзөнөк калтырасыз. Аял машааны бир аз бошоңдотту.
— Мындай болсо жакшы, — деди ал. — Машааны таптакыр төмөн түшүрсөңүз да жакшы болгон турат. Көрдүңүзбү, кандай элпек экенин. Керек болсо, тез жана акырын басып койсоңуз машаа көтөрүлүп барып кайта ордуна келсе болгону, үйүңүздүн күзгүдөй полу кан-жинге аралаша түшөт.
Хьюги Люктун арт жагындагы эшик ачылып, кимдир бирөөнүн бөлмөгө кирип келгенин укту. Бирок ал былк этип да койгон жок, аялды тиктеп туруп, анын өзгөрүлгөн, таптакыр башка — ырайымсыз, суук, таш боор, бирок, мурункусундай укмуштуу сулуу иреңин көрдү. Анын көзү да суз тартып, чаары чыгып, каардуу от жанып турду.
— Томас, — деп буюрду аял — телефон менен полиция чакырыңыз. Эмне үчүн мынчалык кечигип келдиң?
— Коңгуроону угар менен эле келдим, айым.
Аялдан ууру көзүн бир мүнөткө да айырбай тиктеп турду, аял да аны тикие карап турган, бирок коңгуроо жөнүндө сөз болгондо жигиттин көзүнөн таң калгандыкты байкай койду.
— Кечириңиз, айым, — деди үй кызматчысы — тапанчаны мен алып, үй кызматчыларын ойготуп келгеним жакшы болотко дейм?
— Жок, полицияга телефон чалыңыз. Бул кишини мен өзүм кармап турам. Барыңыз, тез-тез кыймылдаңыз!
— Үй кызматчысы түндө кие турган кепичин тарпылдатып чыгып кетти, жигит менен аял бири-биринен көз айырбай орундарында былк этпей отурушту. Аял бардык тааныштарынын алдыда турган кубанычтуу мактоолору жөнүндө эстегенде терең ыракатка чөмүлдү, курал-жарактуу каракчыны жалгыз өзү кармаган жаш, сулуу миссис Сетлиф жөнүндөгү макаланы аристократтык газеталардын хроникасынан азыр эле көрө баштады. Бул, көпчүлүктү дүүлүктүрө турган анык укмуштуу окуя боло тургандыгына толук ишенген!
— Сотто жанагы өзүңүз айткан өкүмдү чыгарганда, — деп мисирее сүйлөдү, — бирөөнүн дүнүйөсүнө кол салып жана аялды курал менен коркутуп, акмактык кылуу кандай экенин ойлоно жүрөрсүз. Бул сабакты өмүрүңүз өткөнчө эстеп жүрүүгө убакытыңыз жетишет. Ал эми чынын айтыңызчы: сиздин жардамыңызга муктаж болгон эч кандай жолдошуңуз жок эмеспи? Мага айткандарыңыздын баары калпко?
Хьюги унчуккан жок, аялды тигиле карашынан эчтеке түшүнүп болбойт. Ушул мүнөттө аялды кандайдыр бир туман андан далдаалап калгансыды, — анын көзүнө аял эмес, эркектери менен аялдары Чыгыштын чириген шаарынын кулк-мүнөзү жагынан бузулган адамдарынан алда-канча жогору турган Батыштын күнөстүү мейкини элестеди.
— Эмне унчукпай калдыңыз. Эмне үчүн дагы бирдемелерди ойлоп таба койбойсуз? Эмне коё бер деп менден суранбайсыз?
— Суранат элем! — деп жооп берди Хьюги кеберсиген эрдин жаланып. Суранат элем, эгерде…
— Эгерде эмне болсо? — деп аял өкүм сурады.
— Дагы эле жанагы сиз айткан сөз жөнүндө ойлонуп жатам. Эгерде сиз дурус аял болсоңуз, анда коё бер деп суранат элем.
Аялдын ачуусу келип, өңү кумсара түштү.
— Абайлап сүйлөңүз! — деп эскертти аял.
— Мени өлтүрүшкө сиздин кудуретиңиз жетпейт да! — деп ал кемсинте жылмайды. — Эгерде сизге окшогондор кенен-чонон даң салып жүрө бере турган болсо, анда биздин дүйнө барып турган бузук жай экен да, бирок менин оюмча мени атууга сизге мүмкүнчүлүк бергидей анын делебеси али төмөн түшө элек болуу керек. Сиз осол аялсыз, бирок балакеттин баары сиздин начардыгыңызда. Адамды өлтүрүү анчалык деле кыйын эмес, бирок антүүгө сиздин колуңуз барбайт. Күчүңүз жетпейт.
— Тилиңизди тарта сүйлөңүз! —деп кайталады аял. — Эскертип коёюн, аягы жаман болуп жүрбөсүн. Сизге кандай өкүм чыгарылат — оорбу же жеңилби, баары менин колумда.

#52 12 Апрель 2016 - 01:51
— Сизге окшоп, жүзү каралык кылгандарды жазалабаган бул эмне болгон кудай! — деди Хьюги үнүн катуу чыгарып. Мынчалык эмне үчүн бечара адам-затты ырайымсыз кордойт, түшүнбөйм… Эгерде мен кудай болсом…
Үй кызматчысы үйгө кирип келип, анын сөзүн бөлүп жиберди.
— Эмнегедир телефон бузулуп калыптыр, айым — деди ал, — зымы үзүлгөнбү же дагы башка жериндеби, айтор, станция жооп бербейт.
— Анда үй кызматчыларынын бирөөнү ойготуңуз, — деп буйрук кылды аял. — Аны полицияга жиберип, кайта мында тез келиңиз.
Бөлмөдө дагы экөө ээн калды.
— Бир суроого жооп бере алар бекенсиз, мэм? — деди Люк. — Сиздин үй кызматчыңыз кандайдыр бир коңгуроо жөнүндө айтты. Мен баятан бери сизди байкап отурдум, бирок коңгуроого жакын барып, кол тийгизгениңизди көргөнүм жок.
— Ал столдун астында, акылы жок адам экенсиз! Мен кнопканы бутум менен баскамын.
— Ыракмат сизге, мэм. Мен мурда сизге окшогон адамдар барбы, жокпу деп жүрчү элем, эми бар экендигине толук ишендим. Мен сизге ишенип, ичимдеги сырымдын баарын айтып берсем, сиз жанатан бери жанымда отуруп мени жүзү каралык менен алдаптырсыз.
Аял анын сөзүн таңазарга албагандай күлдү.
— Сүйлөй бериңиз. Эмне десеңиз ошо деңиз. Бул чынында кызык окуя.
— Сиз мага көзүңүздү сүзүп, анткорлонуп боорукер, сүйкүмдүү болуп көрүнүп, шым эмес, көйнөк кийгендигиңизден пайдаланып, мени сызга отургуздуңуз. Жанатан бери коңгуроонун кнопкасын улам бутуңуз менен басып жатыпсыз да! Мейли, анда көңүл жубата турган бирдеме бардыр. Мен сиздин ордуңузда болгончо, бечара Хьюги Люк бойдон калып, он жыл түрмөдө отурганым жакшы. Сиз сыяктуу аялдардын орду, мэм, тозоктун өзүндө!
Жымжырт боло түштү, ошол мезгилдин ичинде Люк аялдан көзүн албай тиктеп турду. Кыясы, ал анын жибин тартып көрүп, кандайдыр бир чечимге келгенсиди.
— Сөзүңүздү улантыңыз, — деп демитти аял, — дагы калган-катканы болсо айтыңыз.
— Ооба, мэм,. айтам. Сөзсүз айтам. Сиз билесизби, мен эмне кылган жатам? Мен азыр ордуман туруп, эшикти карай жөнөйм. Азыр сизден тапанчаны тартып алаар элем, бирок сиз акмактык кылып, машааны басып жибересиз. Мейли, аны сизге таштадым! Ай, жакшы тапанча эле. Болуптур эмесе, мен түз эшикти көздөй кеттим. Баары бир сиз ата албайсыз. Адамды өлтүрүш үчүн да кайрат керек, ал болсо сизде жок. Кана эмесе атууга даярданыңыз, аталаар бекенсиз, азыр көрөбүз. Мен сизге эч кандай зыян келтирбестен, мына бу эшиктен чыгып кетем. Мен кеттим.
Ал аялдан көзүн албаган бойдон отургучту артка жылдырып, ордунан турду. Буканы ургуч белчесине чейин көтөрүлдү.
Экөөнүн тең көзү тапанчага өтүп кетти.
— Катуурак басыңыз, — деди Хьюги кеңеш берип, — буканы ургуч али белчесине чейин да жете элек. Кана, адамды өлтүрүп көрүңүзчү! Адамды өлтүрүңүз, муштум баткандай кылып эңшере атыңыз, мээси полго чачырай түшсүн. Демек адамды өлтүрөт деген ушул болот.
Буканы ургуч улам-улам өйдө, бирок жай көтөрүлө берди. Жигит бурулган бойдон, далысын салып эшикти карай жөнөдү. Аял тапанчаны жогорураак кармап Люктун далысын мээледи. Буканы ургуч эки жолу өйдө көтөрүлүп барып, экөөндө тең кайта ылдый түштү.
Эшикке жеткенде, чыгып кетүүдөн мурун Люк дагы бир жолу кайрылып артын карады. Ал, бул аялга болгон ачуусун бүт топтоп, ызырынып-жек көрө жылмайып үнүн бас чыгарып, жаман сөздөр менен келиштирип туруп сөгүп чыгып кетти…
1910-ж.

#53 13 Апрель 2016 - 16:20
МЕКСИКАЛЫК
Анын өткөндөгү өмүрүн эч ким билчү эмес, ал жөнүндө Хунтанын31 адамдарынын кабары таптакыр жок болчу. Ал алардын «кичинекей табышмагы», «улуу патриоту» болчу жана Мексикадагы болочок революциянын жолунда алардан кем эмес өз алдынча аянбай иштеп келген жана эмгек сиңирген. Мунусу бат эле көзгө көрүнө койгон жок, анткени — Хунтадагылар аны жек көрүшчү. Алардын чогулган үйүнө адеп кирип келгенде бардыгы тең аны Диастын32 жалданма тыңчыларынын бирөөбү деп шектеништи. Кошмо Штаттардын граждандык жана согуштук түрмөлөрүндө канча жолдоштор капаста жатат дейсиң! Алардын кээ бирлеринин колу-бутуна кишен салып, ошол бойдон чек арадан өткөзүп, дубалга катарынан тизип туруп атып жиберишкен.
Адеп караган адамга бала көп анчалык таасир калтырчу эмес, көзгө комсоо көрүнчү… Чынында эле жашы он сегизден ашпаган, бою жашына жараша бакене бала болчу. Ал өзүн Фелипе Ривера деп атады да, революция үчүн иштей тургандыгын айтты. Бардык болгону ушул. Андан башка бир ооз да, жөн-жайы жөнүндө түшүнүк да айткан жок. Тикесинен турган бойдон бирдеме күткөнсүдү. Анын иреңинен жылмаюу, көзүнөн кубанычтуу белги байкалган жок. Узун бойлуу, өткүр Паулино Вэра өз ичинен селт эте түштү. Бул бала Паулиного, эч кимге коошу жок, сөзгө сараң, түнт көрүнгөнсүдү, Анын кара көзүндө кандайдыр бир жыландын заарындай уулуу, кытмыр бирдеме катылып тургандай болчу. Көздөрүнөн ырайымсыз от жанып, кастарын тиккен, жек көрүү ташкыны көрүндү. Бала көз кыйыгын революционерлерден алып, чүкөдөй кичинекей миссис Сэтби назарын сала тыкылдатып отурган машинага жиберди. Анын көздөрү бирпаска Сэтбини тиктеп калды. Сэтби бул көз карашты сезер замат, иштеп отурган жумушун токтотууга мажбур кылган кандайдыр бир нерсени сезгенсиди. Машинкага басып жаткан катты андан ары ырааты менен улантуу үчүн аны башынан кайра окуп чыгууга туура келди.
Паулино Вэра Ареллана менен Рамоска суроолу карады. Тигил экөө да өз кезегинде аны суроолуу карап алышып, анан бири-бирин тиктешти, Алардын кебетесинде кандайдыр бир жазгануу жана күдүктөнүү бар эле. Мына бу арыкчырай бала аларга табышмак болчу, болгондо да накта коркунучтун табышмагы сыяктуу көрүндү. Диасты жана анын залимдигин аябай жек көрүү менен өздөрүнүн ак ниеттүү патриоттук сезимдерин көрсөткөн мынабу революционерлер үчүн бала баш катырган табышмак болду. Биерде бөтөнчө бир жашыруун бирдеме бар болчу, эмне экенин алар биле алышпады. Бирок, отургандардын баарынан чечкиндүүрөөк жана өткүр Вэра тынчтыкты бузуп:
— Эң жакшы, — деди ал баланы кыртышы сүйүнкүрөбөй, — революция үчүн иштегим келет дедиң го. Чеч күрмөңдү. Аны тиги жерге илип кой. Жүр, мен сага чака менен чүпүрөктүн кайсы жерде экенин көрсөтүп коёюн. Карабайсыңбы, полдун чаңы асманга сапырылып жатат. Сен мына ушундан баштайсың — мына биерди жана
башка бөлмөлөрдү да жакшылап жууп чыгасың. Түкүргүчтү тазалаш керек. Анан терезелерди сүртөсүң.
— Бул да революция үчүнбү? — деп сурады бала.
— Ооба, революция үчүн, — деп жооп берди Паулино. Ривера отургандардын баарын кыдырата көңүлсүз күдүктөнө карап чыгып, күрмөсүн чече баштады.
— Жакшы болот, — деди бала. Башка сөз-кеп болгон жок. Ал күн сайын жумушка келип, үйдүн ичин шыпырып тазалап, сүртүп жүрдү. Мештердин күлүн чыгарып, көмүр менен от тамызгыны алып, конторго тигилерден эң эрте келүүчүсү өз столуна отургуча, ал от жагып коюучу болду.
— Мен мында түнөп чыксам болор бекен? — деп сурады ал бир күнү.
— И — и, мына Диастын тырмактары эми көрүндү. Хунтанын имаратында түнөө — анын бардык купуяларынын сырын ачып, адамдарынын аттарын, Мексикада турган жолдоштордун адрестерин билүүгө жол издөө дегендикке жатат. Өтүнүч кабыл алынган жок, Ривера экинчи жолу кайталап сураган да жок. Анын каерде түнөп жүргөнүн алар билишпеди, ошондой эле качан жана каяктан тамактанарын да билишпей турган. Бир күнү Ареллано ага бир аз доллар алууга сунуш кылды. Ривера албайм дегендей ишаарат кылып, башын чайкады. Долларды алдыруу үчүн Вэра сөзгө аралашып, ортого түшкөндө ал:
— Мен революция үчүн иштеп жүрөм, — деген.

#54 13 Апрель 2016 - 16:21
Азыркы кездеги революцияны жогору көтөрүү үчүн көп акча керек эле, бирок Хунта бул жагынан алганда дайыма кыйын абалда болчу. Хунтанын мүчөлөрү ач, жылаңач жүрүшсө да, иш үчүн, ийгилик үчүн күч-кубатын аяшкан жок; барып турган узак күн аларга анчалык узак эместей сезилчү, ошондой болсо да революциянын жашар-жашабасы кээде бир нече доллардын колунда турган маселе сыяктанды. Биринчи жолу туракка эки ай бою төлөнбөй калып, үйдүн ээси чыгарып жиберем деп шаштырган кезде башка киши эмес, дал эле ушул жупуну кийимчен үй жуугуч Фелипе Ривера алтымыш алтын долларды чөнтөгүнөн сууруп чыгып, Мэй Сэтбинин столуна таштап койгон. Бул кийин да нечен ирет кайталанып жүрдү. Машинкага басылган үч жүз кат жардам жөнүндө чакырыктар,
жумушчу уюмдарына үндөөлөр, газеталардагы жагдайды бурмалап көрсөткөн макалаларга каршы чыгуулар, Кошмо Штаттарда революционерлерди куугунтуктоого жана жазыксыз соттоого каршы нааразылыктар жабыштырыла турган марканын жоктугунан жөнөтүлбөй жаткан. Вэранын атасынан эстеликке калган алтын чөнтөк саат көздөн кайым болду. Ошондой эле Мэй Сэтбинин колундагы жупуну алтын шакеги да жок болуп кетти. Абал абдан оордоду. Ромас менен Ареллано өздөрүнүн узун муруттарын чыйратып шалдайышып отуруп калышты. Каттар сөзсүз жөнөтүлүш керек эле, почта болсо марканы карызга бербейт. Мына ушундай оор күндөрдүн биринде Ривера калпагын кийип, сыртка чыгып кетти. Кайта келип, Мэй Сэтбинин столуна эки центтик33 миң марканы алып келип таштап койду.
— Ушунун өзү Диастын каргыш тийген алтынынан болуп жүрбөсүн? — деди Вэра жолдошторуна. Алар бирин-бири тиктеп, жооп бере алышпай тим болушту. Ал эми революция үчүн үй жууган Фелипе Ривера, керек болгон сайын, Хунтанын муктаждыгына алтын менен күмүштү жумшоону уланта берди.
Ошондо да алардын ага ичтери жылып, жакшы көрүшкөн жок. Алар бул балага эч түшүнүшпөдү. Аларга караганда, анын жүрүш-турушу, жоосуну таптакыр башкача эле. Бала ачылып, аларга сырын айткан да жок. Сырын тартмакчы болуп, жакындагандардын баарына сыртын салып жолотподу, ачык суроого тигилер батынбады.
— Мүмкүн, жалгыз жүргөн бөтөнчө жандыр… биле албайм, биле албайм! — деп Ареллано эки колун эки жакка жаят.
— Мында адамдык касиеттен тышкары бир балээ бар, — деди Рамос.
— Анын сезимдеринин баары өлүп, жоголгон окшойт, — деди Мэй Сэтби. — Андагы жайдарылык, күлкү күйүп кеткен сыяктуу. Өзүнчө бир жаткан тирүү өлүк, ошого карабастан, андан кандайдыр бир укмуштуу турмуштук күч сезилип турат.
— Ривера тозоктун отун басып өткөн неме, — деди Паулино. — Тозокту көрбөгөн киши мындай болбойт, ал болсо али бала.
Ошондо да алардын ага ичтери жылыган жок. Ал эч убакта эч ким менен маектешип сүйлөшчү эмес, эч кимден бирдеменин жөн-жайын сурабайт да, өзүнүн ой-пикирин айтчу да эмес. Революция жөнүндөгү талаш-тартыш бака-шакага айланып кызымайынча, түнт жайнаган көздөрү гана болбосо, жансыз нерсеге окшоп, каккан казыктай какайып карап тура берет. Анын өткүр көздөрү сүйлөп жаткандарды теше тиктегенде жүлүнүнө жете түшчү, бул тигилерди оңтойсуздандырып чочута турган.
— Ал тыңчы эмес, — деди Вэра Мэй Сэтбиге кайрылып. — Менин ушул сөзүм эсиңерде болсун — ал патриот! Биздин бардыгыбыздан ашкан мыкты патриот! Муну менин жүрөгүм сезип жүрөт. Бирок мен анын жөн-жайын толук биле албадым.
— Анын мүнөзү мүнөз сыяктуу да эмес, — деди Мэй Сэтби.
— Ооба, — деп Вэри жооп берди да, күрсүнүп койду. — Ал мени бүгүн ушундай тиктеди дейсиң! Кишиге жакшылык кылчу көз эмес, жолборстун көзүнө окшоп, адамды жутуп жиберчүдөй тиктейт. Мен билдим: кокус мен бир иште чыккынчылык кылсам, мени өлтүрүп коёруна шек жок. Анда жүрөк жок. Анын ырайымсыздыгы болоттой, суздугу менен катаалдыгы аяздай. Ал кышкы түндө тоонун чокусунда үшүгөн жалгыз адамга жарыгын тийгизген ай сыяктуу. Мен Диастан, анын баш кесерлеринен коркпойм, бирок бул баладан корком. Чын айтам, корком. Ал — ажалдын огу.
Ошенткен менен эң алгач Риверага жооптуу тапшырмаларды берүүгө жолдошторун көндүргөн башка эмес, мына ушул Вэра болду. Лос-Анжелос менен төмөнкү Калифорниянын ортосундагы байланыш үзүлүп калган болчу. Үч жолдош өз көрлөрүн өзүлөрү казып, алардын кырында атылып кетишти. Лос-Анжелостогу дагы бир экөө Кошмо Штаттардын түрмөсүнө түшүштү. Бириккен армиянын командири Хуан Альварадо жаткан акмак болуп чыкты. Ал булардын бардык пландарын башаламан кылып, таш-талканын чыгарды. Ошентип, булардын Төмөнкү Калифорниядагы капкачантан берки эски, ошондой эле жаңыдан чыккан революционерлер менен байланышы үзүлүп калган.
Жаш Ривера тийиштүү көрсөтмөлөрдү алар менен, түштүктү карай жүрүп кетти. Ал барып келер менен байланыш кайта калыбына келди, Хуан Альварадо болсо түбөлүккө мерт тапты: көкүрөгүнө, толтосуна чейин бычак баткан калыбында төшөгүнөн аны таап алышты. Бул Риверанын милдетинен тышкары окуя эле, бирок анын ар бир кыймылы жөнүндө Хунтада толук маалыматтар бар болучу. Алар андан эчтеме жөнүндө сурашкан да жок. Өзү болсо эчтеке айтпады. Жолдоштор тек гана бир-бирин көз кыйыгы менен тиктешип, бардыгына түшүнүштү.
— Мен айтпадым беле силерге, — деди Вэра. — Диас өзгөдөн мурун дал ушул баладан сактанууга тийиш. Ал ырайымсыз, беттеген жагын кесип түшөт.
Риверанын мүнөзүнүн кырстыгы жөнүндөгү Мэй Сэтбинин шектенгени жана андан кийин. элдин баарына маалым болгондугу иш жүзүндө накта далилдене башталды. Ривера эми көп убактарда оозу-мурду айрылып, кулактары көнөктөй шишип, бети-башы көк ала болуп келчи болду. Өзү уктап, тамак ичип, акча таап, эч кимге көрүнбөй дайынсыз жүргөн жагында — сырткы дүйнөдө чыр-чатакка аралашканы айдан ачык билинип турду. Ривера Хунтанын жума сайын чыгара турган революциялык кичинекей баракчаларын терүүгө аралашып жүрүп, эптеп үйрөнүп алган. Бирок, кээде ариптерди тере албай калган күндөрү да болуп жүрдү: бирде баш бармактары кокустап, ийкемге келбей калат; бирде бүткөн бою көк ала болуп, жанчылып калат; бирде бир жак колу шалактап, өйдө көтөрүлбөй, иреңинен жанга баткан сабыркоо байкалып турат.
— Жаткан каңгыбаш, — деди Ареллано.
— Бузук жерлерден башы чыкпайт окшойт, — деди Рамос.
— Бирок, ал акчаны кайдан алып жүрөт? — деп сурады Вэра. — Бүгүн анын кагаз үчүн жүз кырк доллар төлөгөнүн билдим.

#55 13 Апрель 2016 - 16:28
— Бул анын жоголуп кетип жүргөндөрүнүн натыйжасы, — деди Мэй Сэтби. — Анысы жөнүндө ал эч качан ооз ачпайт.
— Муну аңдыш керек, — деп Рамос сунуш киргизди.
— Мен аны аңдый турган тыңчылардан болгум келбес эле, — деди Вэра. — Анда табытымда гана болбосо, силер мени экинчи тирүү көрө албайт элеңер деп ойлойм. Ал кандайдыр бир кызык ишке баш-оту менен берилип алган окшойт. Ошол иш менен өзүнүн ортосуна кыпчылууга, ал, жадаса, кудайга да уруксат бергидей эмес.
— Мен ага караганда бала болуп калдым, — деп Рамос чынын айтты.
— Мен андан кандайдыр, бир жапайы күчтү сезгенсийм. Бул жапайы карышкыр, тап берүүгө даяр турган калдыркандуу жылан, заардуу сколопендра! 34 — деди Ареллано.
— Ал — революциянын нак өзү, анын духу, жалыны, — деди Вэра, — кулак укпаган укмуштуу ырайымсыз кек алуунун ишке ашышы. Ал — түн тынчтыгында бой сергиткен кыямат кайымдын периштеси.
— Ривера жөнүндө ойлосом ыйлагым келет, — деди Мэй Сэтби. — Анын жакын көргөн достору да жок. Ал элдин баарын жек көрөт. Анын бизге азыраак байыр алып жүргөнүнүн себеби — биз анын тилегинин ишке ашышына данакер болгондугубузда гана. Ал жалгыз, жападан жалгыз… — Аялдын үнү буулугуп, көздөрү тунарыктай түштү.
Риверанын турмушу чынында да сырдуу эле. Бир жума жоголуп кеткен кездери болот. Бир жолу ал толук бир ай көзгө көрүнгөн жок. Ал дайыма кайрылып келгенин эч ким менен бир ооз да үн катпастан алтын тыйындарды Мэй Сэтбинин столуна таштап коё турган. Андан кийин ал кайрадан өзүнүн убакытын күндөп, жумалап Хунтага жумшачу. Анан бир топ мезгилден кийин Хунтанын имаратына бир ирет таң эртең менен ирең-бараңда же кечинде кечирээк кирип чыгып, анан керели-кечке жоголчу. Бир күнү Ареллано анын түн ортосунда арип терип отурган жеринен үстүнөн чыкты: манжалары балтайып шишип, айрылган эриндери алигече канталап турган.
II
Чечкиндүү кирише турган мезгил жакындап калды. Канткен менен революциянын тагдыры Хунтанын колунда эле, ал эми Хунта болсо эң кыйын абалда калган. Мурункуга караганда да акча өтө зарыл керек болду, бирок аны табуу кыйындагандан кыйындады.
Патриоттор өзүлөрүнүн акыркы тыйын-тыпырына чейин берип бүтүшүп, башка берер эчтекелери калган эмес. Сезондуу иштеген жумушчулар — мексикалык качкын дыйкандар Хунта үчүн өзүлөрүнүн жарыбаган эмгек акыларынын жартысын курман кылышты. Бирок, ал акчалар чендеген да жок. Көп жылдан берки оор эмгек, подполдук жашыруун иштер өз натыйжасын берүүгө даяр турган эле. Убакыт жетти. Революциянын бышып жеткен убагы болчу. Дагы бир секирик, акыркы жолу баатырдык аракет айкалышса эле жеңиш жарк дей түшкөн турат. Хунта өзүнүн Мексикасын жакшы билчү. Революция бир жолу эле дүрт дей түшсө, андан ары өз камын өзү жемек. Диастын араң кармалып турган саясий бийлиги түп-тамырынан бери урап түшмөк. Чет ара да көтөрүлүшкө даяр турат. Бир янки өзүнүн «Дүйнөнүн индустриалдык жумушчулары» деген уюмундагы жүздөй жолдошу менен Төмөнкү Калифорния үчүн күрөштү баштоого буйрукту гана күтүп турат. Бирок, ал куралга муктаж. Куралга бардыгы — социалисттер, анархисттер, профсоюздардын нааразы болгон мүчөлөрү, айдалып кеткен мексикалыктар, кулдуктан качкан дыйкандар, куугунтук жеп, полициянын түрмөсүнөн араң бошонуп, бир гана максатты — мүмкүн болушунча аябай салгылашууну көздөгөн Кер д’ — Ален менен Колорадонун тоо жумушчулары, акырында, кадимки авантюристтер, бакытты оңой эле жерден издегендер, кесептер, иши кылып, ушу кездеги аябагандай чаташкан амалдын бардык саркындылары, бардык таштандылары да муктаж эле. Хунта булардын баары менен байланышта болчу. Мылтык жана патрон, патрон жана мылтык! — бул басылбаган ач кыйкырык Атлантика океанынын жээктеринен тынымсыз угулуп жатты.
Мына ушу кек алууга кекиртегин созгон ар кошкондон бир кошкондорду чек арадан өткөрүп жиберсе эле болду — революция дүрт дей түшмөк. Таможнялар, Мексиканын түндүктөгү порттору колго алынмак. Диас каршылык көрсөтө алмак эмес. Ал өзүнүн негизги күчтөрүн аларга каршы жиберүүгө даай албайт эле, себеби, Түштүктү кармап туруу керек болчу. Бирок, жалын Түштүккө да өтмөк. Эл жалпы-аламан көтөрүлмөк. Шаарлардын коргону кулап, штаттын артынан штат алардын колуна өтүп, акыры аягында, революциянын жеңиштүү армиясы Диастын эң акыркы тирегин — Мексико шаарын туш-тушунан жыш курчап алмак.
Бирок, акчаны кантип табуу керек? Алардын ичинде куралдарды колдоно билүүчү ары чыдамсыз, ары көжөлгөн чыдамкай адамдар да бар. Алар курал сата турган, каалаган жерге аны жеткизип бере турган соодагерлерди да билишет. Бирок революцияга узак даярдык көрүү Хунтаны алсыратып салган. Эң акыркы доллар жумшалып бүтүп, эң акыркы булак түгөнүп, эң акыркы ач-жылаңач патриоттун колунда бары бүт алынды, улуу иштин тагдыры болсо асман менен жердин ортосунда калтылдап турду. Мылтыктар менен патрондор! Жарды батальондор да куралданууга тийиш. Бирок кандай жол менен? Рамос конфискацияланган короо-жайын ойлон, көзүн кылгыртат. Ареллано жаш кезинде дүйнөнүн кадырын билбегендигине өкүнүп, өзүн-өзү жемелейт. Мэй Сэтби Хунтанын адамдары баштатан үнөмдүү болушса, абал мындайча болбойт эле деп ойго чөмүлдү.
— Мексиканын боштондукка чыгышы бир нече эле миң долларга байланыштуу болуп турганын карачы! — деп Паулино Вэра үн катты.
Баарынын тең иреңдеринен үмүт үзгөндүк байкалып турду. Акча береби деп үмүт кылып, ишенип жүргөн акыркы адамы Хосе Амарильо өзүнүн мекени Чиуауада туткунга алынып, ат сарайынын жанында атылып кетти. Бул кабар аларга азыр эле жетти.
Тизелеп отуруп, жер таманды кырып, тазалап жаткан Ривера башын өйдө көтөрдү. Жеңи түрүлгөн самындуу кир колуна кармаган щёткасы кыймылдабаган бойдон катып калды.
— Беш миң акча менен иш бүтөбү? — деп сурады ал.
Бардыгы тең аң-таң калышты. Вэра оор дем алып,
башын ийкеди. Сүйлөөгө чамасы келген жок, бирок ошол замат анын оюнда үмүттүн шооласы жарк дей түштү.
— Андай болсо мылтыктарды камдата бергиле, — деди Ривера. Андан кийин ушул убакытка чейин эч ким анын оозунан уга элек узак сөзгө кирди: Убакыт кымбат. Үч жумадан кийин мен силерге беш миң сом алып келип берем. Бул жакшы мезгил болот. Күн жылыйт, согушуу да оңой болот. Менин колуман келген жардамым ушул.
Вэра өз оюндагы жарк дей түшкөн үмүттөн күдөр үзүп жибергенсиди. Анткени, булардын баары чындыкка окшобогондой көрүндү. Ал ушул революциялык оюн менен аралашкандан бери көксөгөн тилектердин далайы көккө учкан болчу. Ал революция үчүн жер таман жууп жүргөн апан-сапан балага туруп ишенсе, бир туруп ишенгиси келген жок.
— Сен жинди болуп турасыңбы? — деди ал.
— Үч жумадан кийин — деп жооп берди Ривера. — Мылтыктарды камдата бергиле.
Ал өйдө туруп, көйнөгүнүн түрүлгөн жеңин түшүрүп, күрмөсүн кийди.
— Мылтыктарды камдата бергиле, — деп кайталады ал. — Мен кеттим.

#56 13 Апрель 2016 - 16:30
III
Бир топ тополоңдон, чакчелекейден, телефон аркылуу учу-кыйры жок сүйлөшүүдөн жана кер-мур айтышуудан кийин Келлинин конторунда түнкү кеңешме өтүп жатты. Келлинин жумушу башынан ашып кеткен, анын үстүнө иши оңунан чыкпай, кыйшаңдап турган болчу. Ал Билли Карти менен беттештирүү үчүн мындан үч жума мурун Денни Уордду Нью-Йорктон алдырган, бирок Картинин колу сынып, эки күндөн бери спорттук кабарчылардын көзүнө көрүнбөй, бекинип төшөктө жатат. Аны алмаштыра турган эч ким жок. Келли, Батыштын жеңил салмактуу боксёрлорунун баарына телеграмма жаадырды, бирок алардын башка келишимдер боюнча беттешүүлөрү болгондуктан келүүгө колдору тийбеди. Мына эми анча ишенимдүү болбосо да, анын өчкөн үмүтү кайта тутангансыды.
— Кыязы, сен, тартынчаактардан эмес окшойсуң, — деди Келли Риверага караар-карамаксан болуп.
Ривера жек көрүп, жутуп жиберүүчүдөй акырая тиктеди, бирок иреңинде камырабагандыгы билинип турат. Ал:
— Мен Уордду узунунан салам, — деген сөздү гана айтты.
— Сулатарыңды кайдан билесиң? Анын кандай мушташканын деги көрдүң беле?
Ривера унчуккан жок.
— Ал сени, эки көзүн жумуп туруп, бир колу менен сулата муштайт!
Ривера ийнин куушуруп койду.
— Эмне, сенин тилиң байланып калганбы? — деп кобурады контордун директору.
— Мен аны узунунан салам.
— Деги сен мындан мурун бирөө менен беттешип көрдүң беле? — деп сурады Майкл Келли.
Майкл директордун бир тууганы. «Иеллоустоундо» анын өзүнүн тотализатору35 бар жана боксёрлордун беттешүүлөрүнөн көп акча тапчу.
Ривера жооп берүүнүн ордуна аны акырая карады.
Спортсмен түспөлдөш жаш катчысы бырс күлүп жиберди.
— Болуптур, сен Робертсти билчү белең? — деди Келли жымжырттыкты биринчи бузуп. — Мен ага киши жибердим. Ал азыр келет. Сырткы кебетең көзгө комсоо, анчалык дамең жок, ошондо да отуруп аны күткүн. Мен көпчүлүктү алдагым келбейт. Тамаша эмес — алдыңкы катардын билеттери он беш доллардан сатылып жатат.
Робертс кызымтал болуп келди. Ал узун бойлуу, арыкчырай, жүрүш-турушу кашаң, жай сүйлөгөн адам болчу.
Келли аны-муну деп отурбастан, түз эле иш жөнүндө сүйлөдү.
— Угуп туруңуз, Робертс, сиз мына бу кичинекей мексикалыкты таап, боксёр кылып чыгардым деп мактанган элеңиз. Картинин колу сынганы сизге маалым чыгар. Ошентип мына бу мексикалык арсыз күчүк Картинин ордуна чыгам деп көкүрөгүн койгулап жатат. Сиз буга эмне дейсиз?
— Бардыгы жайында, Келли, — деп ал жай жооп кайтарды. — Ал мушташууга жарайт.
— Сиз, мүмкүн, ал Уордду уруп жыгат дээрсиз? — деди Келли какшыктап.
Робертс бир аз ойлонуп калды.
— Жок, мен антип айта албайм. Уорд — чебер боксёр, ринганын36 падышасы. Бирок Ривераны буйдамга келтирбей селейтүүгө анын чамасы келбейт… Мен Ривераны жакшы билем. Бул апкаарыбаган адам, эки колу менен тең бирдей жакшы муштайт. Ал сизди каяк жагынан болбосун узунуңуздан сулатат.
— Анын баары арзыбаган иш. Андан көрө, ал элди канааттандыра алабы, жокпу? Мына ушул жагы керек. Сиз өмүр бою боксёрлорду тарбыялап өстүрүп жана машыктырып келдиңиз. Мен сиздин ой-пикириңизге толук баш ием. Бирок, эл буга жумшаган өз акчасына ыракаттанып кеткиси келет. Ошол ыракатты бул бала элге көрсөтө алабы?
— Сөзсүз, ал турмак, бир топко чейин Уорддун эсин аябай оодарат. Сиз бул баланы билбейсиз, а мен билем. Ал — менин ачкан жаңылыгым. Апкаарыбаган адам! Анык лөктүн өзү! Бул тубаса талант менен таанышкандан кийин Уорд аябай таң калат, аны менен бирге силер да таң каласыңар. Ал Уордду узунунан салат деп мен талашпайм, бирок ал силерге бир керемет көрсөтөт! Бул жаңы чыгып келаткаң жылдыз!
— Эң жакшы, — деп Келли өзүнүн катчысына бурулду да: — Уордго телефон чалыңыз. Ылайыктуу бирдеме табылып калса, чакыртамын деп аны эскерткен элем. Ал азыр ушуерде, «Иеллоустоундо». Эл арасында кекирейип, өзүнө атак-даңк чогултуп жүрөт. Анан Робертске кайрылып: — Ичкилик менен кандайсыз? — деп сурады.
Робертс вискадан жутуп алып, сөзгө кирди:
— Бул баланы кандайча такшалтканымды мен сизге али айтып бере элекмин. Мындан эки жыл мурун ал машыгуу залдарында пайда болду. Мен Прэйнди Дилэни менен беттештирүүгө даярдап жүргөм. Прэйн — абдан ачуулуу адам. Ырайымдуулукту андан күтүүгө болбойт. Ал Дилэнини жакшы эле төпөчтөдү, андан кийин өз ыктыяры менен беттеше турган адамды издеп, эч таба албай койдум. Айла кетти. Ошентип турганда, күтпөгөн жерден ушул ар кимдин тепсендисинде жүргөн мексикалык ач-жылаңач бала көзүмө чалдыгып калды. Мен аны шап кармап алып, мээлейди кийгизип, дароо ишке чектим. Ийленген кайыштай чыдамкай, бирок күчү азыраак. Анын үстүнө бокстун эрежеси жөнүндө тырнактай да түшүнүгү жок. Прэйн аны аябай жанчты. Бирок, кирпигинен тартса жыгылгыс болуп, араң эле жаны калса да, такыр эстен таңганга чейин эки раунд37 чыдады. Ачка — мына ошондо да ушинтти. Өз энеси тааныбагандай болуп бети-башынан тамтык калган жок, мен ага жарым доллар берип, аябай тойгузуп, коё бердим. Анын тамакты кандай жегенин көрсөң — шумдук! Көрсө, эки күндөн бери оозуна наар албаптыр. Эми мындан ары ал быякка баш баккыс болду го деп ойлодум. Андай болуп чыккан жок. Эртеси эле күнү ал бети-башын көк ала кылып кайта келди, бирок дале баягы жарым доллар менен бир жолу жакшы оокатка тоюуга бел байлаган түрү бар. Бара-бара ал абдан күч алды. Тубаса боксёр жана шумдуктай чыдамкай! Анда жүрөк жок. Анын жүрөгү жүрөк эмес эле бир тоголок муз. Мен билгенден бери бул бала он ооз сөздү катары менен сүйлөй элек.
— Мен аны билем, — деди катчы . — Ал сиздин кызыкчылыгыңыз үчүн көп иштеди.
— Биздин атактуу боксёрлорубуздун баары аны менен беттешип, өздөрүн сынап көрүштү, — деди Робертс анын сөзүн ырастап. — Ошентип, ал тигилерден көп нерселерди үйрөндү. Менин байкашымда, ал алардын далайын оодара салгандай. Бирок, анын жүрөгү боксту жактырбайт. Менимче, ал биздин кесипти түк сүйбөйт окшойт. Менин байкашымда ошондой.
— Кийинки айларда ал ар түрлүү майда клубдарда чыгып жүрдү, — деди Келли.

#57 13 Апрель 2016 - 16:31
— Ооба. Бирок антүүгө эмне себеп болгонун билбейм. Же, балким, ышкысы түшө калдыбы? Ушул убакыттын ичинде ал далайды уруп жыкты. Болду, болбоду ага акча керек; кийим-кечеги оңолбогону менен акчаны жакшы эле көп тапты. Айтор кызык неме! Кайда жүрүп, кайда турганын, эмне иштеп, эмне кылганын жан билбейт. Жадаса, ишке айланышып жүргөндө да, жумушту бүтөөр замат көздөн кайым болот. Кээде жумалап житип кетет. Эч кимдин акыл-насаатын укпайт. Буга кожоюн болгон адам бат эле байыйт; бирок муну менен сүйлөшүү, келишүү кыйын. Көрөөрсүз, келишим түзгөнүңүздөн кийин бул бала акчанын баарын акидей асылып жүрүп колмо-кол алууга тырышат.
Дал ушул кезде Дэнни Уорд кирип келди. Бул өзүнчө бир барып турган салтанаттуу келиш болчу. Жанына кожоюну менен машыктыруучусун ээрчитип, ак көңүлдүүлүк менен шаттуулуктун бардыгын жеңүүчү куюндай шуулдап кирип келди. Учурашуу, чукуп тапкандай тамаша, курч сөздөр оңго да, солго да ыксыз ыргып, бардыгы күлүмсүрөп тосуп алчу. Чын көңүлдөн чыкпаса да, анын кылык-жоругу мына ушундай эле. Уорд мыкты актёр болчу, ошондуктан өз оюнда шаттуулукту ийгиликке жетүүдөгү эң кымбат жолдордун бири деп эсептей турган. Чындыгында бул алды-артына сак, оор басырыктуу боксёр жана айла менен баюуну көздөгөн көпөс болчу. Калгандарынын баары анткорлонуу эле. Аны билгендер же аны менен иштеш болгондор бул азаматты акча маселесинде барып турган шылуун деше турган. Бардык өзүнө тийиштүү маселелер талкууланган жерлерге өзү катышчу, ошондуктан эл, ээрчип жүргөн анын кожоюнун анчейин бир каракчы деп аташчу.
Риверанын түзүлүшү кандайдыр өзгөчө эле. Анын кан тамырларында жалгыз испан каны гана эмес, аны менен бирге индеец каны да бар болчу. Ал үн катпастан бурчка жабышып былк этпей отурат. Тек гана анын кара көздөрү отургандарды кыдырекейинен улам бирөөнүн иреңине кадалып, бардыгын көрүп-билип, сезип жаткан сыяктуу.
— Мынабу турбайбы! — деди Дэнни, өзүнүн болочок беттеше турган адамын сынаганындай баштан-аяк карап чыгып. — Саламатчылыкпы, эски тааныш!
Көзүнүн чаары чыгып, ачууланып, Дэннинин саламына Ривера жооп кайтарган да жок. Бардык грингону38 анын кыртышы сүйүүчү эмес, ал эми муну болсо бүткүл дити менен жек көрүп калды.
— Мына ошондой де! — деп Дэнни куудулданып, өзүнүн кожоюнуна кайрылды. — Калп айтпасам, ушу мен дүлөй-дудук менен беттешип жүрбөйүн? — Күлкү басаңдагандан кийин, дагы куудулданып: — Эгерде силердин колуңарга араңдан-зорго илингени ушул болсо, Лос-Анжелос аябай жакырланган окшойт. Муну кайсы балдар бакчасынан алып келдиңер?
— Бул мыкты жигит, Дэнни, ишенип кой мага! — деп Робертс жайгаштыра сүйлөдү. — Муну жеңүү — сен ойлогондой анча оңойго түшө койбойт.
— Анын үстүнө билеттин жартысы сатылып да кетти, — деп муңканды Келли. — Ушуга болсо да макул болууга туура келет, Дэнни. Мындан караандуураакты түк издеп таба албай койдук.
Дэнни Риверага дагы бир жолу тоотпогондой көз чаптырып чыгып, күрсүнүп койду.
— Муну менен анчейин гана алектенүүгө туура келет, болбосо дароо жаны чыгып кетпесе болду.
Робертс бырс күлүп жиберди.
— Акырын, акырын, — деп токтотту Дэннинин кожоюну. — Сырын билбеген душмандан ар качан запкы жеп калуу мүмкүн.
— Болуптур, болуптур, ал эсте болот, — деп жылмайды Дэнни. — Урматтуу калктын моокусун кандырыш үчүн адегенде мен аны менен маектеше алышууга даярмын. Он беш раундду кандай дейсиз, Келли?.. Андан кийин аны нокаут39 согом да!
— Болуптур, — деп жооп берди Келли. — Бирок, көпчүлүк чыны менен ишенгидей болсун.
— Анда ишке киришелик… — деп, андан кийин Дэнни ичинен эсеп жүргүзүп, бир азга токтоло калды. — Демек Карти менен болучу беттешүүдөгүдөй эле жалпы жыйымдын алтымыш беш проценти. Бирок башкача бөлүштүрөбүз. Мага сексен проценти жетет. — Анан кожоюнуна кайрылып: — Жетеби? — деп сурады.
Тигил башын ийкеди.
— Сен түшүндүңбү? — деп Келли Риверага кайрылды. Ривера башын чайкады.
— Анда угуп тур, — деди Келли. — Жалпы акча — түшкөн жыйымдын алтымыш беш проценти болот. — Сен жаңыдан боксёр болуп жүрөсүң, сени азыр эч ким билбейт. Дэнни экөөңөр төмөнкүчө бөлүшөсүңөр: сексен проценти ага, жыйырмасы сага. Бул адилеттүүлүк болот. Туура эмеспи, Робертс?
— Абдан адилеттүүлүк, Ривера, — деп ырастады Робертс. — Сенин али атагың чыга элек да.
— Жалпы жыйымдын алтымыш беш проценти канча акча болот? — деди Ривера билгиси келип.
— Мүмкүн, беш миң, мүмкүн сегиз миң да болушу ыктымал, — деди Дэнни түшүндүрүүгө ашыгып. — Иши кылып ушунун айланасында. Сенин үлүшүңө бир миңден бир миң алты жүз долларга чейин тиет. Мен сыяктуу атактуу боксёрдон таяк жегениң үчүн ушунча алсаң, бул жаман эмес. Буга эмне дейсиң?
Ушуерден Ривера аларды таң калтырды.
— Кай жеңгенибиз бүт баарын алабыз, — деп ал кесе айтты.
Жымжырттык өкүм сүрдү.
— Мына кызык! — деп акыры үнүн чыгарды Уорддун кожоюну.

#58 13 Апрель 2016 - 16:33
Дэнни башын чайкады да:
— Мен башыман далайды өткөргөм, — деди ал, — Мен судьядан же айланадагылардын эч кимисинен күдүктөнбөйм. Мен байге жыюучулар жөнүндө жана кээде кездешүүчү куулук-шумдуктар жөнүндө эчтеке айтпаймын. Бир гана айтаарым: мен буга көнө албайм. Жеңээрин жеңем. Ким билет — мүмкүн колумду сындырып аламбы? Же кимдир-бирөө ичирип, мас кылып коёбу? — деп башын менменсип силкип койду да: — Жеңсем да, жеңилсем да баары бир — сексен процентин мен алам! Сиз эмне дейсиз, мексикалык? — деп сурады.
Ривера башын чайкап койду.
Дэннинин күйбөгөн жери күл болуп, башкача сүйлөдү:
— Болуптур эмесе, мексикалык ит! Ачуума тийдиңби — дал эми мен сенин башыңды балжа-балжа кыламын.
Робертс акырын ордунан туруп, экөөнүн ортосуна тура калды.
— Кай жеңгенибиз бүт баарын алабыз, — деп Ривера мостоюп туруп кайталады.
— Эмне сен, мынча эле айтканыңан кайтпайсың? — деп сурады Дэнни.
— Мен сизди узунуңуздан салам. Дэнни пальтосун чече баштады. Бул анчейин сыр көрсөтүү экенин анын кожоюну жакшы билчү. Эмнегедир пальтосу да чечилип кеткен жок, бир аздан кийин дээрлик өзүнөн өзү соолуктту. Бардыгы тең анын чачпагын көтөрүп, аны жакташат. Ривера жападан-жалгыз калды.
— Сөз ук, акмак — деп Келли түшүндүрө баштады, — Кимсиң сен? Эч ким эмессиң! Бар болгону — кийинки убактарда бирин-эки жергиликтүү боксёрлорду жеңгениңби, аны биз жакшы билебиз. Дэнни болсо атактуу, мыкты боксёр. Эмки жолку беттешинде ал чемпиондук наамды талашат. Сени эл билбейт. Лос-Анжелостон башка жерде сенин кабарыңды уккан эч ким жок.
— Ушул беттешүүдөн кийин эл сонун угат, — деп Ривера ийнин куушуруп, жооп берди.
— Ушу сен өз оюңда мени жеңем деп турасың го? — деп Дэнни чыдай албай айкырды.
Ривера башын ийкеди.
— Өзүң эле ойлоп көрчү, — деп Келли үгүт-насаат айта баштады. — Сенин атагыңдын чыгышына ушунун өзү канча себеп экенин баамдап көрчү.
— Мага акча керек, — деди Ривера.
— Сен миң жыл мушташсаң да мени жеңе албайсың, — деп Дэнни көтөрүлө сүйлөдү.
— Анда эмне үчүн макул болбойсуң? — деди Ривера. — Эгерде акча өзү эле келип колуңузга түшүп жатса, аны алуудан эмне качасыз?
— Жакшы болот, мен макулмун, — деп Дэнни шарт айтты. — Шашпагын досум, сени рингада өлөрчө кылып ийлеймин! Тапкан экенсиң ойной турган кишини! Шартты жазыңыз, Келли. Жеңген киши акчаны бүт алат. Муну газетага жарыялагыла. Биерде иш — өз ара араздыкта экенин да маалимдегиле. Бу баланын акесин таанытам!
Келлинин катчысы жаңы эле жаза баштаганда, Дэнни аны күтпөгөн жерден тык токтотту.
— Токто! — деди да, Риверага бурулду. — Таразага качан түшөбүз?
— Чыгардын алдында, — деп жооп берди тигил.
— Эч качан андай болбойт, бетсиз бала! Эгерде жеңген киши акчаны бүт ала турган болсо, таразага эртең менен саат ондо түшөбүз.
— Анда жеңген киши бүт алабы? — деп Ривера бышыктап сурады.
Дэнни ооба дегендей башын ийкеди. Маселе чечилди. Эми рингага ал чымырканып, бардык күчү менен чыга турган болду.
— Таразага саат ондо, ушуерде түшөбүз, — деп жаздырды Ривера.
Катчынын калеми кайтадан жорголоду.
— Бул, артыкбаш беш кадак деген сөз, — деди Робертс нааразылыгын билдирип. — Сен алдатып койдун, көп жеңилдик бердиң. Уттурдуң. Дэнни эми өгүздөй күчтүү болуп келет. Келесоо! Ал эми сени сөзсүз узунуңан салат. Жеңүүгө сенин кичинекей да илинчегиң калган жок.
Жооп берүүнүн ордуна Ривера аны акырая жаман көзү менен тиктеп, тим болду. Башкаларга караганда дурус киши деп жүрчү эле, эми бул грингону да жек көрүп калды.

#59 13 Апрель 2016 - 16:43
IV
Ривера рингага чыкканда аны эч ким элес алган жок. Саламдашуу иретинде бирин-экилер кол чабымыш болушту. Көпчүлүк эл ага ишенбеди. Ал улуу Дэннинин чеңгелине түшкөн козу сыяктуу эле. Анын үстүнө, эл нааразы болуп иренжип отурган. Эл Дэнни Уорд менен Билли Дартинин моокумду кандыра турган кызык салгылашуусун күткөн болчу, ал эми мынабу кебетеси кеткен кичинекей жаңы үйрөнчүк менен канааттанууга туура келип олтурат. Дэннини жактап, бирөөгө каршы эки, жадаса, үч киши доо сайыша кеткенинен эле көпчүлүктүн нааразылыгы айкын билинди. Ал эми элдин жүрөгү акча сайган кишисин жактаары белгилүү.
Мексикалык жигит өз бурчунда көпкө күтүп отура? берди. Минуталар жай өтүп жатты. Дэнни көпкө күттүрдү. Бул анын мурдатан берки амалы болчу, бирок аны жаш үйрөнчүктөргө ар дайым жазбай колдоно турган. Жаш үйрөнчүк мына ушинтип, өзүнүн жеке коркунучу жана тамекинин түтүнүнө ышталып, көпчүлүк менен жападан жалгыз бетме-бет отуруп, өзүнөн өзү жүдөп бүтчү. Бирок, далай жолу сыналган амал бул жолу өз атагын актай алган жок. Робертстин айтканы чын чыкты: Ривера кебелип да койбоду. Жаратылыш жагынан ушу отургандардын баарынан ары өтө назик, ары ачуулуу жана таасир берүүчү болсо да аларды ал биерде сезбестен отура берди. Анын жеңилиши тууралу айлана-чөйрөнүн жоромол чечими анын капарына кирип-чыккан жок. Анын секунданттары40 бул кандуу оюндун балит таштандылары, саркындылары, абийири жок кыянатчыл, колунан иш келбеген зээнсиз гринголор эле. Өз жагынын сөзсүз жеңиле тургандыгына алар да шек санашкан жок.
— Эми көзүңдү кара, эсиңде болсун, — деди Спайдер Хагэрти аны эскертип. Спайдер башкы секундант болчу. — Мүмкүн болушунча көпкө чыда — Келлинин буйругу ушундай. Болбосо, бул да жалган оюн дешип бүт Лос-Анжелоско чуу көтөрүшөт.
Булардын бардыгы көңүл көтөрүүгө жардам бере албады. Бирок, Ривера эчтеке сезген жок. Ал боксту жек көрчү. Бул, жек көрүмчү гринголордун жек көрүмчү ойну болчу. Бул оюнду ал машыгуунун огу катары ачкалыктын айынан гана баштаган. Өзүнүн бокс үчүн жаралгандыгын ал элеске алгысы келчү эмес. Бул кесипти жек көрчү. Хунтага келгенге чейин Ривера акча үчүн беттешкен эмес, бирок мунун оңой олжо экенине кийин гана түшүндү. Ал, адамзаттын өзү жек көргөн кесибинин чоң ийгилигине жетишкен биринчи уулу эмес эле.
Иши кылып Ривера кыялга берилип убара болуп отурган жок. Бул беттеште, жеңип чыгарына ал толук ишенди. Башка ылаажы жок болчу. Ага ушунчалык дем берип жаткан зор күч залдагы жык-жыйма отургандардын эч кимисинин үч уктаса түшүнө кирип чыкпайт эле. Дэнни Уорд акча үчүн, ошол акчага сатып алына турган оңой турмуш үчүн мушташат. Эмне үчүн мушташканы жаткандыгы Риверанын да көз алдынан саналып өттү. Ушул бурчта өзүнүн амалкөй душманын күтүп отурган мезгилде, анын телмирген көз алдында укмуштуу жана коркунучтуу көрүнүштөр сүлүк сыяктуу жылжып өтүп жатты.
Ал Рио-Бланко гидростанциясынын аппак дубалдарын көрдү. Ачыккан жана кыйналган алты миң жумушчунун, он цент үчүн бир сменаны толук иштеген жети-сегиз жашар балдарды көрдү. Боёкчу-жумушчулардын тирүү арбактай купкуу өңүн да көрдү. Ал, ушу цех жөнүндө «өзүн өзү өлтүрүүнүн камерасы» деген атасынын сөзүн эстеди, анткени — мындагы бир жылдык мээнет ажал менен барабар эле. Ал өзүлөрүнүн кичинекей патиосун41 жана энесин көз алдына келтирди. Энеси дайыма жупуну чарбачылыгы менен алпурушуп, колу бошобосо да, эт жүрөгүн элжиретип, уулун бир мезгил эркелетүүгө жана сүйүүгө эптеп убакыт тапчу. Москоол, кең далылуу, узун мурут атасын көз алдына элестетти. Атасы бардык адамга сүйкүмдүү мамиле кылчу, анын жүрөгүндөгү жоомарт сүйүүсүнүн ташкыны энеге жана короонун бир бурчунда ойноп жүргөн кичинекей балага да төгүлө турган. Ошол кездерде ал Фелипе Ривера эмес, Фернандес эле: ал атасы менен энесинин кошмо фамилиясында жазылуучу. Анын өз аты Хуан болчу. Кийинчерээк ал экөөнү тең өзгөрттү. Фернандес деген фамилияны полициянын префектилери42 менен жандармалары аябай жек көрчү.
Барып турган ак көңүл кайран Хоакин Фернандес! Ал Риверанын көзүнө көп элестечү. Ал убакта бала эчтемеге түшүнчү эмес, бирок эмижигит болгон кезинде артына кылчайгандан кийин көп нерсеге түшүндү. Анын көз алдына атасы кичинекей басмакананын тамга терүүчү кассасынын жанында тургандай же болбосо үстү кагазга жык толгон столдо отуруп алып кыйшык-куйшук жолдорду үзгүлтүксүз ашыгып жазып отургандай болуп көрүнөт. Жумушчулар топ-топ болуп алааматтай караңгы түндү жамынып, анын атасына келишип, учу-кыйры жок, узакка аңгемелешкенде ал кичинекей мучачо43 төшөгүндө уктабай тыңшап жаткан кызык кечтерди кайтадан башынан өткөргөндөй болду.
Кайдадыр алыс жактан анын кулагына Хагэртинин үнү угулду:
— Эч качан адегенде эле жата калчу болбо. Буйрук ошондой. Алган акчаңа жараша таяк жегин!
Он минут өттү, бирок Ривера али өз бурчунда отурат. Дэнни көрүнбөйт: кыязы, Ривераны мүмкүн болушунча таптакыр жүдөтүп бүтөйүн деген окшойт.
Риверанын көз алдынан жаңы көрүнүштөр жылып өтүп жатты. Забастовка, тагыраак айтканда локаут44, себеби Рио-Бланконун жумушчулары Пуэблодо көтөрүлүшкө чыккан өз боордошторуна жардам беришти. Ачкачылык, тоого жер-жемиштерди терүүгө, өсүмдүктөрдүн түбүн казууга, чөп-чар жулууга баруу — алар мына ушулар менен өзөк жалгап, кабыргалары кайышчу. Андан кийинки шумдуктар: Компаниянын дүкөнүнүн алдындагы ээн жер, миңдеген арып-ачкан жумушчулар, генерал Росальо Мартинес жана Порфирио Диастын аскерлери жана мылтыктар, сан жеткис өлүм-житим… Алардын эч качан үнү өчпөй тургандай, жумушчулар түбөлүккө өз күнөөсүн өзүнүн каны менен жууй тургандай көрүндү. Дагы бир түн! Вера-Крустагы акулаларга жем кылып жөнөтүлгөн араба-араба өлүктөр. Ал азыр ошол коркунучтуу дөбөлөрдү кайтадан боору менен жылып аралап, атасы менен энесин издеп жүргөнсүдү, ошентип жүрүп акыры алардын тамтыгы жок өлүктөрүн табат. Өзгөчө энеси эсинде калган: анын башы гана көрүнөт, көөдөнүн башка өлүктөр басып калган. Порфирио Диастын солдаттарынын мылтыктары кайтадан тарсылдай баштады, бала кайтадан жерге жабышып, кудум жарадар карышкырдай ары жылып кетти.

#60 13 Апрель 2016 - 16:44
Толкуган деңиздин шуулдаганына окшогон чуру-чуу кулагына шак дей түштү, ошол замат жанына бир топ тренер менен секунданттарды ээрчитип ортоңку эшиктен кирип келаткан Дэнни Уордду көрдү. Отурган эл өзү алдын ала ыйгарган баатырды жеңиши менен куттуктап, дуулдагандан дуулдап элөөрүп кетти. Бардыгы ошонун гана атын атап, жалгыз ошону жактады. Жадегенде, керме аркандын астынан Дэнни лып этип рингага кирип келгенде Риверанын_секунданттары да жылмайып, көңүлдөнө түшүштү. Анын иреңи жадырап күлүмсүрөөдө,
ал эми Дэнни жылмайган сайын анын жүзүндөгү ар бир жери, жадаса көзүнүн кычыктары жана кареги да күлүңдөп турду. Дүйнө жүзү буга окшогон ак көңүл, жайдары боксёрду эч качан көргөн эмес. Анын иреңи жалпыга өзүн-өзү маалимдеп көрсөттү, чыныгы жайдарылыктын жана эч кандай коопсуз, бир жаңсыл көтөрүңкү көңүлдүн үлгүсү сыяктуу эле. Ал отургандардын баарын таанычу. Ал тамашалап, күлүп рингада туруп достору менен баш ийкешип саламдашып жатты. Арт жакта оолагыраак отуруп калып, өз кубанычын көзмө-көз туруп оозмо-ооз айта албагандар:
«О, о, Дэнни» деп катуу кыйкырып жатышты. Ызы-чуу, тынымсыз кол чабуулар беш мүнөткө чейин созулду.
Риверага көңүл бурган эч ким болгон жок. Анын бары-жогу такыр элеске алынбай калды. Спайдер Хагэрти гана олчойгон денеси менен ага эңкейди.
— Үрөйүңдү учуруп, акылыңдан шашпа, — деп эскертти Спайдер. — Эреже эсиңде болсун. Акыр аягына чейин чыда. Жатып калуучу болбо. Эгерде жатып калсаң, кийим чечүүчү жерде сенин сазайыңды колуңа берүү бизге тапшырылган. Түшүндүңбү? Өлсөң да мушташасың — ток этээр жери ушул!
Залда шатырап кол чабыла түштү: Дэнни теңтайлашын карай бет алып баратты. Ал эңкейип Риверанын оң колун эки колдоп алып, селкилдетип чын жүрөктөн кысты. Дэннинин жылмайган жүзү Риверанын бетине абдан жакындады. Мындай ачык спорттук сезимдин айкын белгисин көргөндө эл дагы дуулдады: беттеше турган кишиси менен ал өз бир тууганындай кездешип жаткан эле. Дэннинин эриндери кыбыр этти, өз кулактары укпаган сөздү эл изги, тилектештик куттуктоо экен деп жоруп, шаттуу чуулдап коё берди. Шыбыраган сөздөрдү Ривера гана укту.
— Кана сен, мексикалык чычкан, — деп тиштенип кышылдады Дэнни күлүмсүрөгөн калыбын жазбай, — азыр сенин жаныңды сууруп албасамбы!
Ривера кыймылдаган да жок. Өйдө турбастан, отура берди. Анын бардык жек көрүүсү көз карашына чогулду.
— Өйдө тур, иттин баласы! — деп отургандардан кимдир бирөө кыйкырып жиберди.
Көпчүлүк анын спортко ылайыксыз кылыгын күнөөлөп, чуулдата ышкыра баштады, бирок ал отурган ордунан козголгон да жок. Дэнни кайра артын карай жөнөгөндө, аны куттуктап дагы дүркүрөгөн кол чабылды.
Дэнни чечинип бүтөөр менен, таң калуу, мактоо добуштар угулду. Анын тула-бою көрктүү, ийкемдүү, сопсоо жана чымыр, булчуңдуу болчу. Териси аялдын терисиндей ууздай апапак жана упадай жумшак. Бул денеде келбеттүүлүк, чымырлык, ийкемдүүлүк жана күч айкалышкан. Муну ал толуп жаткан беттешүүлөрдө далилдеген. Бардык спорттук журналда анын сүрөтүн каршы-терши басып чыгарышты. Сокмо көйнөгүн чечүүгө Спайдер Хагэрти Риверага жардам берип жатканда, залда онтоо чыгып кеткенсиди. Анын кара күрөң, күңүрт териси анын тула-боюн дагы арык кылып көрсөттү. Булчуңдуу болчу, бирок өзүнүн теңтайлашына караганда жокко эсе сыяктуу эле. Бирок, отурган эл анын көкүрөгүнүн жазылыгын байкабай калды. Ошондой эле, отургандар Риверанын булчуңунун ар бир тарамы улам көз ачып-жумганча күчкө келерин, Риверанын талыкпастыгын анын бүткөн боюна темирдей күч берип турчу нерв системасынын кылдаттыгын боолголоп билген эмес. Көпчүлүк отургандар он сегиз жашар кичинекей кара тору баланы гана көрүштү. Дэннинин жөнү болсо бир башка. Дэнни жыйырма төрт жаштагы жигит болчу жана анын тула-бою да москоол адамдын тула-боюндай эле. Алар судьянын акыркы инструкциясын угуу үчүн ринганын чок ортосунда турганда, бул айырмачылык андан бетер көзгө чалдыкты.
Кабарчылардын ары жагында отурган Робертсти Риверанын көзү чалды. Ал адаттагыдан да масыраак, сүйлөгөн сөзү мурдагыдан да жай чыккансыйт.
— Коркпо, Ривера, — деди Робертс созо айтып. — Эсиңде болсун, ал сени жеп койбойт. Алгачкы кысымдан коркуп кереги жок. Адегенде коргонгонсуп, анан утурлап, астын тосуп жибербей кой. Ал сени майып кыла албайт. Өзүңдү көнүгүү залдагыдай эле кармай бил.
Ривера анын сөзүн укмаксан болуп койду.
— Түнөргөн шайтандын баласы! — деп Робертс кобурап, жанындагы отурган коңшусуна кайрылды. — Такыр өзгөрбөптүр, мурда кандай болсо, ошо эле бойдон калыптыр.