Суперстан: "Башы жок чабандес" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Башы жок чабандес" Роман. Майн Рид.

#1 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

ПРОЛОГ
Саваннадагы1 бейкут түндө үргүлөп жаткан Техас бугусу аттын дүбүртүн угуп, чочуп
кетти. Бирок ал өзү жаткан шибер төшөгүн таштай качкан жок, а түгүл ордунан да
турбады. Эки. жагын элеңдеп карады, көк шиберден мүйүзү гана көрүндү, —
коңшулаш жайыттан мустанг2
оюн салып келатабы - жокпу дегенсип гана, кулагын
түрүп тим болду.
Аттын дүбүртү дагы чыкты. Бул жолу дагы бир добуш: темир таканын ташка тийип
чакылдаганы ачык угулду.
Дүбүрттөн бугу үркө баштады. Ордунан каргып туруп, прерия3 менен чымын-куюн
болуп жөнөдү. Бир кыйла жерге жүгүрүп баргандан кийин гана ал токтой калып: түн
ичинде менин тынчымды алган бул ким болду экен дегенсип, кылчайып карады.
Түштүк асмандан тийген айдын жарыгында бугу өзүнүн ашкан душманын —
кишини тааный койду. Атчан киши жакындап келатты.
Бугу дагы качууга дапдаяр эле, бирок чабендестин кебетесиндеги кандайдыр
демейдегидей эмес, өгөй учураган көрүнүш бугуну тык токтотуп койду. Бугу жерге жата
калды да, кылчайып карап тура берди; таңыркап корккону балбылдаган кара көзүнөн
көрүнүп турду.
Бугунун анчалык узак тигиле карашына эмне себеп болду?
Атпы? Бирок бул жүгөндөлүп, ээр токулган кадимкидей эле ат. Аттын кейпинде таң
калдырып, коркуткандай эчтеме деле жок. Балким, бугуну чабендес үркүткөндүр?
Ырас эле чабендесте кандайдыр түшүнүксүз, көзгө суук учураган бирдеме бар.
Чабендестин башы жок экен!
Өзүн чочуткан кандай шумдук экенин түшүнүүгө тырышкансып, бугу акыркы жолу
элең-элең карады да, талааны аралай дагы качып жөнөдү. Леона суусунан сүзүп өтүп,
коркунучтуу чабендес шар аккан суунун аркы өйүзүндө калганда гана өзүн коопсуз
сезди.
Бугунун коркконун тапазар албай, кала берсе, анын бар экенин да байкабагансып,
башы жок чабендес бастыра берди.

1 Саванна — Америкадагы чөбү белден чыккан талаа.
2 Мустанг — Американын ээн талаасындагы жапайы жылкы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Атчан да сууну көздөй бет алды, бирок такыр ашыкпагансып, жай, шаан-шөкөт
менен бастыргандай саяктанды.
Ойго берилип кеткен чабендес тизгинин коё берет да, аты анда-санда чөп чалып
алат. Чөөнүн улуганынан чочуп, кулагын тикчийтип, кошкуруп, тык токтой калганында,
ал атын чу-чулап да, теминип да койбойт.
Ал кандайдыр жашырын сырдуу ойго бүтүндөй берилип, айланасында эмне болуп
жатканын такыр байкабагансыйт. Бир да дабыш чыгарып сырын билгизбейт.
Чабендестин желкесине салынган серапэси4
бар экен, шамал соккондо анысы
желбиреп, тулкусунун ар кай жери ачыла калат. Ягуардын5
терисинен тигилген суу
өтпөс, кончу узун өтүк кийген. Түнкү нымдуулук менен тропиктин кара нөшөр
жамгырынан ушинтип сактанган чабендес, төбөсүндөгү бүлбүлдөгөн жылдыздардын
сыңары үнсүз, чөптүн арасында чырылдаган чегирткедей, кийимин желпилдеткен
талаа желиндей камырабай жүрө берди.
Бир оокумда чабендес чөмүлгөн оюн бирөө бузуп жибергендей боло калды; аты
басыгын ылдамдатып, башын чулгуп алып, кубангандай кишенеп жиберди. Мойнун
созуп, таноосун дердеңдетип, адегенде желди да, бара-бара таскактай жөнөдү. Көрсө
дарыянын жакын экенин билип, ошенткен экен.
Кашка суу капталын жаба бергиче, ат токтогон жок. Ат менен кошо чабендес да бел
кырчоосуна чейин сууга кирди.
Баш көтөрбөй суусунун кандыргандан кийин ат дарыянын аркы өйүзүнө чыкты да,
өр талаша желип кашатка чыга баштады.
Дөбөгө чыккандан кийин жүнүндөгү сууну ат качан силкинип таштаар экен деп
күткөнсүп, башы жок чабендес бир аз аярдай калды да, анан дагы нары кетти.
Дал горизонтко дейре, алды жакта саванна мелтирейт. Саваннанын тармалдашкан
рельефи асмандын көгөргөн фонунан даана көрүнүп, айдын кереметтүү күңүрт
жарыгында улам нарылаган сайын мунарыктап отуруп, горизонтко жакындаганда
көздөн кайым болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

ӨРТТӨНГӨН ПРЕРИЯ
Чак түштөгү көгүлтүр асманда күн жаркырайт; испандардын Сан-Антонио деген
эски шаарынан жүз милядай түштүк жактагы Техастын көйкөлгөн опсуз зор талаасына
күн нурун төгүп турат. Ээн прерия үчүн өгөй учураган бир топ нерсе күн нуруна бөлөнүп
закымдап көрүнөт. Адам баласынын үй-жайына жышаана болгудай эчтеме көрүнбөгөн
жерде кишилер жүргөнү ошол бир топ нерседен билинип турат.
Ошол сөз болуп жаткан нерселерди ыраактан эле ажыратуу да кыйын эмес. Алар
саябан арабалар, ар кайсынысынын үстүндө апаппак болотнайдан эки жагына ийилип
жасалган саябан бар.
Бардыгы он араба. Соода кербени же өкмөт киреси дейин десең — аз. А көрөкчө,
Леона дарыясынын боюндагы жаңы кыштактардын бирөөнө бараткан кандайдыр бир
башка өлкөдөн көчүп келген кишинин арабалары болууга тийиш.
Каз катар тизилип чубаган саябан арабалар саваннада илкитип өтө жай
келаткандыктан, алардын жүргөн жүрбөгөнү байкалбайт десе да болот. Арабалардын
чын эле жүрүп келатканын үркө качкан антилопа менен чырылдап учкан кроншнеп гана далилдейт. Бүткүл прерияда кыймылдаган бир да жан: учуп жүргөн куш да,
жортуп жүргөн айбанат да көрүнбөйт. Чак түштө жан-жаныбарлардын баары көлөкөдө
жуушап, былк этпей жатат. Мансапкордукка, ач көздүккө азгырылып, адам гана кээде
тропиктик табияттын закондорун бузат.
Мына, мээ кайнаткан түшкү ысыкка карабастан, саябан арабалардын ээси тынбай
жол тартып баратат.
Шаан-шөкөтүнө караганда, ал бай иммигрант6
болуу керек. Питтсбургда мыкты
жасалган саябан арабанын ар бирине карылуу сегиз качырдан чегилген. Алар эң эле
көп азык-түлүк, кооз эмеректерди тартып баратат. Кире менен кошо келаткан
кул-негрлер бир кыйла. Күн-негр аялдар балдары менен саябан арабаларда келатат. А
эркектери киреге жанаша басып, кээ бирлери туурулуп-жарылган жылаңайлак
буттарын араң сүйрөп, арып-чарчап, артта сенделип жөө баратышат. Кентуккинин
семиз качырлары, чегилген жеңил карета алда келатат, а ливерия кийип, карета
айдаган кул-негр ысыкта жанын коёрго жер таппай далбасалайт.
Түбөлүктүү жаңы журт издеп, түндүк штаттардан көчүп келаткан кедей эмес, сыягы,
короо-жай алып, үй-бүлөсү, мал-мүлкү, кул-кутандары менен ошерге түштүктөн
бараткан бай экени мына ушунун баарынан көрүнүп турду.
Чынында да кире Вудли Пойндекстер деген плантаторго7
таандык; ал Индианолго,
Матагорд булуңунун жээгине үй-бүлөсү менен келип түшүп, эми прерияны аралап,
өзүнүн менчиктүү жаңы жерине баратат.
Кирени узатып бараткан атчандардын алдында плантатор өзү атчан келатат. Ал —
узун бойлуу, арыкчырай, жашы элүүгө келип калган, иреңи кер сары, сурданган кербез
киши. Кийими жупуну болсо да баалуу. Кийгени кенен тигилген кафтан, кара атлас
желетке, сары шым. Эң жука болотнайдан тигилип, жакасы кара лента менен
байланган көйнөгү желеткесинин оюгунан көрүнүп турат. Үзөңгүнү чирене теминген
бутунда жумшак булгаарыдан ултарылган ботинка. Кырбусу жазы чий калпагы түштүк»
түн куйкалаган күнүнөн бетин калкалап турат.
Анын жанында эки атчан киши бар; бири — оң жагында, бири — сол жагында.
Биринчиси — жыйырмадан Жаңы эле ашкан жаш жигит, экинчиси — андан жети жаш
чамасында улуураак жигит.
Биринчиси — Пойндекстердин уулу. Сурданган атасы менен гана эмес, үлүрөйгөн
үчүнчү атчан киши жээни менен салыштырганда да, жаш жигиттин жайдары шайыр
иреңи бөтөнчө татынакай көрүнөт.
Жаш жигиттин кийгени мала көк кездемеден тигилген кең көйнөк, ошондой эле
кездемеден тигилген шым, башында жумшак панама8
. Кийими жаш жигиттин өңүнө
жарашканы мындай турсун, түштүктүн климатынын ырайына да абдан ылайыктуу.
Атчан үчүнчү киши — плантатордун жээни. Ал волонтерлордо9
болуп, кызматтан
чыгып кеткен офицер эле, бирок кара көк сукнодон аскерче тигилген костюм,
формалуу сукно фуражка кийип жүрө турган.
Алардан бир аз алдыраак, кирени узатып бараткан дагы бир атчан киши бар. Анын
иреңи суугураак, кийими да беркилердикинен жупунураак. Шапалакты шыпылдатып
чапканына караганда, аны плантатордун кул-кутандарынын үстүнөн караган көзөмөлчү
экен деп айтсак жаңылбас элек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Каретанын ичинде эки кыз бар. Биринин эти көз уялгыдай апаппак, экинчисиники
— капкара. Алар — Вудли Пойндекстердин жалгыз кызы жана анын нөкөрү.
Жер оодарыштыргандар Миссисипи дарыясынын боюнан, Луизиана штатынан
келатышат. Плантатор өзү ушул түштүк штатта туулган эмес; креол10 эместигин, анын
кебетесинен дароо эле байкоого болот. Жүз жыл мурда Атлантика океанын кесип
өткөн француз ата-бабаларынын сыны анын баласынын өңүнөн, айрыкча, каретанын
пардасынан анда-санда шыкаалап караган кызынын татынакай чырайынан ачык
көрүнүп турат.
Вудли Пойндекстер — түштүктөгү эң көрүнүктүү, текеберчилердин бири, кант
плантациясы абдан көп, аябаган меймандостугу жагынан атагы чыккан киши.
Акыр-аягы ал жакырланып, Луизианадагы плантацияларын таштап, Техастын
түштүк-батышындагы ээн прерияларына үй-бүлөсү, кул-кутандары менен көчүп кетүүгө
туура келди,
Күн дал төбөгө келди. Өз көлөкөсүн өздөрү басып, жолоочулар жай келатышат.
Жан чыдагыс ысыкта талыкшыган ак атчандар унчукпай, ээрлеринде магдырашат. Кала
берсе, мээ кайнаткан ысыкка көнүп калган негрлер да күңгүрөнүп, сүйлөшкөндөрүн
токтотушту да, топ-топ болуп, саябан арабалардын артынан үнсүз-сөзсүз илкип
келатышты.
Бирөөнүн сөөгүн койгону бараткандагыдай, тунжураган жымжыртты шапалактын
шакылдаганы менен араба айдаган негрлердин кыйкырганы гана бузат.
Темселеп баскансып, кербен араң эле жылат. Чындыгында, кадимкидей жол да
жок. Мурда ушерден өткөн арабалардын дөңгөлөктөрүнүн изинен жапырылган чөптөн
улам гана жолду божомолдоп билүүгө болот.
Плантатор бара турган жерибизге жыйырма милядай жол калды деп болжолдоду.
Түн киргенче жетүүбүз керек деп ойлоду. Ошондуктан ал чак түшкү ысыкка карабастан,
жүрө бергиле деп буюрду.
Аңгыча болбой, көзөмөлчү кирени жаңсап токтотту. Ал жүз ярддай11 алга чыкты да,
кандайдыр бир тоскоолго барып такалгансып, токтой калды.
Анан кирени көздөй кайра чапты. Жаңдаганында дүмөктүү бир нерсе бар өңдөнөт.
Эмне болуп кетти? Индеецтер жөнүндө адамдын жүрөгүн түшүргөн көп сөз айтылып
жүрчү эмес беле?
— Эмне болуп кетти, Сансом? — деп сурады плантатор атчан киши жакын
келгенде.
— Чөп өрттөнүп кетиптир. Прерияда өрт болуптур.
— Өрт болсо, азыр прерия күйүп жаткан жок го?
Эч бир жерде түтүн көрүнбөйт.
— Жок, сэр, — деп көзөмөлчү жооп бергенче шашты, — прерия өрттөнүп, жердин
баары капкара күл болуп калыптыр дебедимби.
— Өрттөнсө эмне экен? Менимче, көйкөлгөн көк чөп менен жүргөндөй, капкара
прерия менен деле жайбаракат кете беребиз.
— Болор-болбос нерсе үчүн дүрбөлөң салуу — кеңкелестик, Жон Сансом! —
Пойндекстердин жээни кийлигише кетти. — Эмне үчүн элди жөн жерден коркутасың?
Эй, негрлер, чамдагыла! Алга! Ылдамыраак!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

— Эмесе, айтыңызчы, капитан Кольхаун, — деп каяша сүйлөдү көзөмөлчү, — эми
жолду кантип табабыз?
— Жолду эмне үчүн издейбиз? Болбогон кеп! Биз эмне, жолдон адашып калдык
беле?
— Адашып калдык го деп корком. Дөңгөлөктүн изи көрүнбөйт; чөп өрттөнүп из
жоголгон.
— Өрттөнсө эмне экен? Өрттөнгөн кичинекей жерден из куубай өтүүгө болбойт
бекен. Изди наркы өйүздөн таап алабыз.
— Ооба, эгерде наркы тарабы өрттөнбөгөн болсо, — деди чыгыш штаттарда туулуп
өскөнү менен, прериянын батыш жагын да жакшы билген көзмөлчү, ишеничтик кылып.
— Бирок ат үстүнөн мага такыр эчтеме көрүнбөйт, Канчалык карабагын, аман калган
жер жок.
— Чамдагыла, негрлер! Ылдамыраак! — Кольхаун көзөмөлчүгө жооп кайтарбай
кыйкырды да, буйрук орундатылууга тийиш дегенсип, атын бир теминди.
Кире кайра дагы жөнөдү, бирок өрттөнгөн прериянын чегине жеткенде, эч кимдин
буйругун күтпөстөн эле, дагы токтоп калды.
Эми эмне кылабыз деп акылдашуу үчүн атчан өңү актар четке бастырып чыкты.
Бардыгы дүмөктөнүп калды. Көз жеткен жердин баары капкара. Көгөргөн бир да
өсүмдүк, бир да чөп, бир да жалбырак жок. Сыягы, өрт жайкы чилде убагында чыккан
окшойт. Прериянын бышып турган чөптөрү менен гүлдөрүн оттун аймалаган жалыны
күл кылыптыр.
Алды жактан да, сол жактан да, оң жактан да, чексиз ыраакка созулуп, тыптыйпыл
болгон талаа гана көрүнөт. Кала берсе, түштүктүн жаркыраган көгүлтүр асманы да эми
бүтүндөй карарып тургансыйт. Булут каптабаса да, күн эми бул жерге нурун төккүсү
келбегенсийт. Түнөргөн жерди карап, кабагын бүркөп тургансыйт. Сансом туура айткан
экен, жолдун дайны жок, өрттөнгөн чөп менен кошо из да жок болгон.
— Эми эмне кылабыз? — деп сурады плантатор, анын калтаарып калганы үнүнөн
билинип турду.
— Эмне кылмак элем, Вудли таяке? Албетте, жүрө бериш керек. Өрттүн наркы
тарабында дарыя болууга тийиш. Эгерде жарым милядай аралыктан кечүү таппасак,
ылайык келишине жараша, дарыяны бойлоп жогору чыгабыз же төмөн түшөбүз.
— Бирок, кулак салчы Кассий, антсек адашып кетебиз го?
— Андай болушу мүмкүн эмес. Менимче, өрттөнгөн жер анчалык көп эмес. Жолдон
бир аз адашсак, эчтеке эмес. Баары бир эртедир-кечтир, дарыяга кезигебиз.
— Болуптур, ардагым, сен жакшыраак билесиң, бел кылганым өзүңсүң.
— Коркпой эле коюңуз. Мындан жаман кырдаалдарда да жол көрсөткүч болуп
көргөм, Алга, негрлер! Мени ээрчигиле!
Анан, кызматтан чыккан офицер өзүнө өзү маашыр болгонсуп, карета жакты карап
койду. Чоочулап, бир аз кейигенсип кыздын татынакай жүзү парданын нары жагынан
кылт көрүнүп калды. Кольхаун атын бир теминди да, мыктысынып, алга таскактатып
кетти.
Жабыла шакылдаган шапалактардын дабышына сексен качырдын дүбүртү,
дөңгөлөктөрдүн кыйчылдаганы кошула баштады. Саябан арабалар кайра дагы жол
тартты.
Качырлар ылдамдап жүрдү. Айбанаттын көзүнө өгөй учураган капкара жер да
качырларды куду сүрөөгө алгандай болду. Качырлардын туяктары күлгө тиер замат,кайра көтөрүлүп жатты. Жаш качырлар коркуп-үркүп, токтой калып турду. Бара-бара
алар да жоошуп, кексе качырлардын артынан бир калыпта жүрүп отурду.
Кербен бир милядай жерди ушинтип өттү. Анан дагы токтоду. Ландшафт12, эгерде
аны ушинтип атоого болсо, өзгөрүп кетти, бирок жакшы жагына эмес, горизонтко
чейин бардыгы мурдагыдай эле капкара. Бирок жердин бети гана тегиз эмес:
адыр-күдүр көбөйө баштады. Бирде адыр, бирде колот болуп алмашып отурду.
Көрүнүп турганды дарак экен деп айтууга болбогону менен, аерде жыгач өсүмдүктөрү
такыр жок экен дешке да болбойт. Аерде Мексиканын жапыз акациялары бириндеп,
топто- шуп өскөн. Анын үлпүлдөгөн жалбырактарынан ыпым калбаптыр, а чала күйгөн
сөңгөгү менен карарып калган бутактары түрү суук скелеттей болуп көрүнөт.
— Жолдон адаштыңбы, ардагым? — деп сурады плантатор, жээнине ашыга
бастырып келип.
— Жок, таяке, азырынча адаша элекмин. Багытты жакшыраак аныктоо үчүн
токтодум. Жол ылдый жактан, тетиги колот менен кетиш керек. Кербен токтобой жүрө
берсин. Туура баратабыз. Ан үчүн мен жооп берем.
Кайра дагы жөнөштү. Өрдөн ойго түшүштү да, колот менен жүрүп отурушту. Анан
дагы айдөш менен жонго чыгып, дагы токтошту.
— Кантсе да жолдон адаштың окшойсуң, Кассий? — деп, кайта сурады плантатор,
жээнинин жанына дагы бастырып келип.
— Шайтандыкы! Ошондой го деп корком. Деги мындай тозоктун арасынан жолду
кандай желмогуз издеп таба алат эле? Жок, таба алмак эмес! — деп сөзүн улантты
Кольхаун, каретанын жакындап калганын көрө коюп, өзүнүн карбаластаганын
билдиргиси келбей. — Мага эми бардыгы ачык болду. Дарыя тээтиги багытта болууга
тийиш. Алга!
Ошентип капитан, каякка барууну өзү да билбей атын теминди. Саябан арабалар
анын артынан ээрчиди.
Кольхаундун карбаластай түшкөнүн негрлер байкап калды. Кире алга түз кетпей,
өрттөнгөн адыр менен колоттордогу көмүрү гана калган бадалдардын арасында
ары-бери эле тегеренип жүргөнүн негрлер байкабай коймок беле.
Аңгыча болбой, жол баштаган кишинин кайраттандырган үнү ошо замат баарын
үмүттөндүрдү. Жапырт үйрүлгөн шапалактардын шакылдаганы, кубана шаңкылдаган
үндөр да жооп кайтаргандай болду.
Дөңгөлөк менен аттын жаңы түшкөн изи көрүнгөн жолго саякатчылар дагы чыкты.
Сыягы, куду алардыкындай кире өрттөнгөн прерия менен жакында эле өтсө керек.
Алар сынары, ошол кире да Леонаны көздөй кеткен экен. Ал Инж фортуна13
бараткан өкмөт киреси болушу толук ыктымал. Андай болсо, ошол киренин изи менен
жүрүш керек.
Андан жакшыраак эчтеме жок сыяктанды. Капитандын көңүлү кайра көтөрүлө
түштү да, өзүнө өзү маашыр болгонун жашырбай, илгери жүргүлө деп буйрук берди.
Бир милядай, а балким, андан да көбүрөөктүр, кербен табылган из менен жүрүп
отурду. Из алга карай түз кетпестен, күйгөн бадалдарды тегерене берди. Кассий
Кольхаундун маашыр болуп өзүнө ишенгени бүтүп, ындыны өчө баштады. Алар кууп
келаткан кырк төрт дөңгөлөктүн изи — өздөрүнүн киресинин изи экенин түшүндү ал.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

ЛАССОНУН14 ИЗИ
Вудли Пойндекстердин саябан арабалары өз дөңгөлөктөрүнүн изи менен
жүргөнүндө эч кандай шек калган жок.
— Өзүбүздүн изибиз экен! — деп кобурады Кольхаун, каргап-шилеп.
— Өзүбүздүкү дейсиңби? Эмне демекчисиң, Кассий? Чын эле өзүбүздүн...
— Ооба, өзүбүздүн изибиз менен жүрүппүз. Бир тегеренип чыгыппыз. Карагылачы,
тигине, менин атымдын арткы туягы — теңи сынган таканын изи, а мына береки
биздин негрлердин изи. Кайсы жер экенин да билдим. Баягы акыркы жолу
токтогонубуздан кийин ушул дөңдөн ойго түшкөнбүз. Таптакыр жолубуз болгон эмес
экен, эки милядай жерди бекер эле жүрүппүз!
Калтаарыганы гана эмес, аябай өкүнүп, уялганы да Кольхаундун өңүнөн көрүнүп
турду. Кербенге жол көрсөткөндөй мыкты кишинин болбой калышына ал айыптуу эле.
Бизге жол көрсөтүп бергин деп Индианолядан өздөрү чакырган киши мыктысынган
капитан менен тартыша кетип, кетип калган болучу.
Ушунун баары Кассий Кольхаундун куйкасын куруштурду. Анын үстүнө, жол
баштайм деген милдетин аткара албан уят болду. Карета жакындап, татынакай көз
анын калтаарыганын көргөндө, ындыны бүтүндөй өчө баштады.
Пойндекстер эми эчтеме сураштырган жок. Жолдон адашып калышканы эми
баарына ачык болду.
Кербен дагы токтоду. Өңү актар алдастап, ат үстүнөн кеңешип калышты.
Абал өтө кыйын. Караңгы түшкөнчө жетебиз го деген мурдагы божомолунан
плантатор үмүтүн үзүп койду, Мүмкүн, өрттөнгөн прерияда түнөөгө туура келип,
качырларды сугарууга суу табылбас. А балким, бир гана эмес, бир нече жолу түнөөгө
туура келер, ким билет?
Ошондой болсо да, жолду кантип табуу керек? ; Күн али бийик турганы менен
батышты көздөй эңкее баштады. Түндүк, түштүк, чыгыш, батыш кайда экенин компас
менен аныктап билүүгө болор эле. Бирок бараткан багыттарынан адашып калган соң,
андан эмне пайда?!
Кольхаун этиятыраак болуп калды. Жол көрсөтөм деп эми дымактанган жок.
Мактанганынан, айтканы ордунан чыкпай уят болгонунан кийин антүүгө даай албады.
Кандай абалда калгандарын он минутадай талкуулашты, бирок эч кимиси жүйөөлүү
план айта албады. Күн менен асманды гана түнөртпөстөн, чегине киргендердин
баарынын ындынын өчүргөн ушул капкара прериядан кантип чыгууну эч кимиси
билген жок.
Бир топ айры куйрук асманда калкып жүрдү. Алар улам ылдыйлап уча баштады.
Кай бирөөлөрү жерге келип конду. Кай бирөөлөрү адашкан жолоочулардын төбөсүндө
айланып жүрдү. Жырткычтардын антишине эмне себеп?
Замананы куурган дагы он минут өттү. Аңгыча болбой, алыстан бир атчан киши
көрүндү. Ал тике эле кирени көздөй келатты.
Мындай кубанычты ким күтүптүр! Ушундан жерде киши жолугат экен деп ким
ойлоптур! Үмүт чиркин кайра кайтып, көздөрү жадырап жайнай түштү, келаткан
кишини жолоочулар өздөрүн балаадан куткаруучу катарында көрдү.
— Тиги бизге келатат го, чынбы ыя? — деп сурады плантатор, начарлап бараткан
көзүнө ишенбей.
— Ооба, ата, тике эле бизди көздөй келатат, — деди да, Генри кыйкырып, атчан
киши көрсүн деп, калпагын бийик көтөрүп булгалай баштады.
Токтогон кирени атчан киши ансыз деле көргөн болучу. Ал беркилерди көздөй
таскактатып калды. Киренин жанынан өтүп, плантаторго, анын жолдошторуна келди.
— Мексикалык экен, — деп күбүрөдү Генрих бейтааныш кишинин кийимине көз
чаптырып.
— Мексикалык болсо, андан бетер жакшы, — атасы да күбүрөп жооп кайтарды. —
Жолду жакшы билери шек- сиз, бизге ал жардам кыла алат.
— Кийиминен башка мексикалык дегидей эчтемеси жок, — деп кобурады
Кольхаун.
— Ким экенин азыр билем....
— Buenos dias coballera! Esta Vuestra mexicano?15 — деп, ал бейтааныш киши менен
испан тилинде саламдашты.
— Жок! — деп жооп кайтарды берки жигит күлүмсүрөп. — Мен мексикалык
эмесмин. Эгер кааласаңыз, испан тилинде сиз менен сүйлөшүүгө жарайм, бирок
англисче сүйлөшсөк, мени жакшыраак түшүнөрсүз деп ойлойм — ал сиздин эне
тилиңиз го?
Кольхаун сөзүмөн кандайдыр ката жиберип койдумбу деп ойлоду да, жооп
кайтарган жок.
— Ооба, сиз америкалыктарбыз. — Пойндекстер бой көтөрө жооп берди. Жардам
күткөн кишибизди таарынтып койбогой элем деп коркуп, анан мындай деп
кошумчалады: — Ооба, сэр, баарыбыз америкалык болобуз. Түштүк штаттарданбыз.
— Түштүк штаттардан экениңерди кишилериңизден оңой эле билүүгө болот. —
Бейтааныш киши мыйыгынан билинер-билинбес жылмайып, кул-негрлерди жалт
карады. — Прерияда биринчи саякаттап жүргөнүңүздөр да көрүнүп турат, — деп
кошумчалап койду. — Жолдон адашып калдыңыздарбы?
— Ооба, сэр, сиз жакшылык кылып, бизге жардам бербесеңиз, жол табуудан
үмүтүбүз үзүлдү.
— Жакшылык кылуу жөнүндө тим эле коюңуз. Прерия менен келатып, такыр
күтпөгөн жерден силердин изиңерди көрүп калдым. Адашып кеткениңерди билип,
силер- ге жардам берейин деп, чапкылап келдим.
— Мунуңуз ашкан айкөлдүк. Сизге абдан ыраазыбыз, сэр. Менин атым
Пойндекстер, луизиялык Вудли Пойндекстер деген болом. Леона дарыясынын боюнан,
Инжи фортуна жакын жерден короо-жай, жер сатып алгам. Аерге караңгы түшкөнчө
жетебиз го деп ойлодум эле. Сиз кандай дейсиз, жете алар бекенбиз?
— Менин айтканымдай кылсаңар, эрте эле жетесиңер, — деп бейтааныш киши бир
кыйла жерге бастырып барып, дөбөгө желдирип чыкты.
Жолоочулар кайсы тарапты көздөй жүрүүгө тийиш экенин аныктоого тырышып,
ошерден ал ыраак жакты ынтаа коюп карай баштады.
Асмандын фонунда атчан кишинин сөлөкөтү сүрөттөгүдөй көрүндү,
Мингени келишкен тору тобурчак. Андай атка минүүдөн арабдын шейхи да уят
болбос эле. Кең көкүрөк, буттары шыңкыйган, соорусу көмкөргөн казандай, куйругу
бир кулач. А үстүндөгү кишиси жашы 25 чамасында, сымбаты келишкен, өңү сулуу,
кийгени мексикалык ранчеронун16 чымкый түстүү кийими: баркыт күрмө, багалектери
каптал жагынан бүчүлөнгөн шым, бизондун терисинен тигилген шпору бар өтүк, кытай крепинен жасалган мала кызыл штарф белин кынап турат; башында алтын позумент
менен кооздолуп жылтылдаган кара калпак.
Тобурчак минген ушундай кавальерону элестетип көрсөңөр плантатор жана анын
жолдоштору эмне үчүн андан көзүн айырбай калганын ачык түшүнөсүңөр.
Бүтүндөй башкача сезимди ашкерелеген көз каретанын пардасынын ары жагынан
атчан жигитке карап турду. Көптөн бери ынтызар болуп жүргөн тилеги жүзөгө
ашкансып, баатырдай келбеттүү кишини Луиза Пойндекстер өмүрүндө биринчи жолу
көрдү.
Креол кыздын жүрөгүн алеп-желеп кылганын билсе, бейтааныш жигиттин төбөсү
көккө жетет болучу. Бирок андай экенин ал кайдан билет? А түгүл, кыз бар экен деп
ойлогон да жок! Чаң баскан каретаны үстүртөн карап гана тим болду. Ичинде бермет
бар экенин билбей, жаман кутуга назар салбай коюу ушундай болот эмеспи.
— Кусур урсун, силердин өзүңөрдүн жетишиңерге жардам бергидей эч кандай
белги таба албадым! Бирок аерге барчы жолду билем, — деди бейтааныш жигит,
киренин кожоюнунан бурулуп. — Силерге форттон беш милядай төмөнүрөөк жерден
Леона дарыясынан өтүүгө туура келет, дарыядан мен да дал ошол жерден өтүүм
керек, ошондуктан менин атымдын изи менен жүрүп отурсаңар болот. Кошкула,
жентльмендер!
Капысынан ушинтип коштошуп, бейтааныш жигит шарт теминип, таскактатып
жөнөп кетти.
Бейтааныш жигиттин ушундай таң каларлык жоругу плантатор менен анын
жолдошторун бушайман кылды.
Бир нече секунда өтө электе, бейтааныш жигит кайта келди.
— Менин атымдын изи силерге көп деле жардам болбойт деп чоочуйм. Өрттөн
кийин биерде мустангдар болгон экен. Алардын миң-сандаган изи калыптыр. Ырас,
менин атымдын такасы бар, бирок силер из кууп көнгөн эмессиңер, ошондуктан изди
ажыратуу силерге кыйын болор, анын үстүнө, кургак күлдө аттардын туягы
мустангдардыкы менен бирдей болуп көрүнөт.
— Эми эмне кылабыз? — деп сурады плантатор үмүтүн үзгөнсүгөн үн менен.
— Боорум ооруйт, мистер Пойндекстер, бирок силерди узатып коюуга чамам жок.
Өтө керектүү документти фортко тез жеткиришим керек. Эгерде менин изимен
адашып калсаңар, күн оң жагыңардан тийип, а көлөкөңөр бараткан багытыңарга
карата он беш градус чамасында сол жагыңарга түшүп тургандай кылып жүрүп
отургула. Беш милядай түптүз жүрүп отургула. Ошерден кипарис жыгачынын учу
көрүнөт. Жыгачты кызыл жалбырагынан тааныйсыңар. Анан тике эле ошону көздөй бет
алгыла. Жыгач дарыянын дал жээгинде кечүүдөн алыс эмес.
Бейтааныш жигит дагы жөнөмөкчү болду эле, бирок атынын оозун тартууга аны
бирдеме мажбур кылгандай болду. Каретанын пардасынын ары жагынан ал
балбылдап карап турган кой көздү көрүп калды.
Көзү балбылдаган кыз көлөкөдө эле, бирок ашкере сулуу кыздын өңүн ачык көрө
алгыдай жарык болчу. Балбылдаган көз мээрин төгүп, өзүнө кызыга карап турганын
бейтааныш жигит байкай койду.
Аргасыздан жигит да кубанычы койнуна батпай карады, бирок бул кылыгымды
адепсиздик деп ойлошпогой эле деп чочуп кетип, атынын башын шарт бурду да, назар
салганы үчүн жаңы эле алкыш айткан плантаторго кайта кайрылды, —
— Алкыш алууга арзыбайм, — деди бейтааныш жигит, — себеби, силерди ээн
талаага таштап кетип баратам, айла жок, убактым болсо, минтпес элем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Жалгыз кетип баратканына кабыргасы кайышып, ал саатына карады.
— Абдан кайрыкер экенсиз, сэр, — деди Пойндекстер. — Сиздин айтканыңызга
ээрчип, жолдон адашпаспыз деп ишенем. Күн бизди алдабайт.
— Аба ырайы өзгөрүп кетеби деп чочуйм. Түндүк жакка кара булут чогула баштады.
Бир сааттан кийин күндүн көзүн капташы мүмкүн, кандай болсо да, силер кипарис
көрүнгөн жерге жете электе каптайт. Ошондой болсо да, токтой туруңузчу, — деди ал
бир минутадай ойлонуп туруп, — менин лассомдун изи менен жүргүлө!
Бейтааныш жигит түрүлгөн аркаңды ээринин кашынан алды да, аркандын бир учун
ээринин арткы чагарагына байлап, бош учун жерге сүйрөлтүп конду. Анан, калпагын
өйдө көтөрүп, карета тарапка сылык жүгүндү да, атын шарт теминип, прерия менен
кайта дагы таскактатып кетти.
Сойлогон жыландын изине окшоп, прериянын күл болгон кыртышында аттын
артынан сүйрөлүн келаткан аркандын изи калды.
— Адам кызыккандай сонун жигит экен, — деди плантатор буркулдаган кара
чаңдан тез эле көрүнбөй калган атчан жигиттин артынан узата карап. — Аты-жөнүн
сурасам болмок экен.
— Менимче, өтө эле кербез жигит экен, — деп кобурады, карета тарапка
бейтааныш кишинин көз чаптырганын да, таежесинин караганын да байкап турган
Кольхаун, — аты-жөнү тууралу болсо, ал баары бир башка атты айтат болчу. Мындай
көйрөңдөр Техаста толуп жатат. Буга окшогондор же жазаланып, биерге айдалып
келген кылмышкерлер, же өзүнүн чын атын жашырып жүргөн авантюристтер болот.
— Бери карачы, Кассий, — деп сүйлөдү жаш Пойндекстер, — бейтааныш жигит
жөнүндө бул айтканың туура эмес. Ал абийирдүү атка арзый турган жентльмен,
билимдүү киши өңдөнөт.
— Жентльмен имиш! Жок, кечирип кой, теңир жалгагыр! Мексикалыктын
кийим-сийимин кийип жасанган кишинин көйрөң болбогонун такыр көргөн эмесмин.
Бул> да ошондой, мурдумду туура кесип берейин.
Алар дал ошентип сүйлөшүп жатканда, татынакай креол кыз каретадан башын
чыгарды да, суктанганын жашырбай, алыстап бараткан бейтааныш жигитти көзү менен
узатып калды. Кольхаун анысын байкай койду.
— Эмне болду, Лу? — деп күбүрөдү ал, каретанын жанына бастырып келип, — сен
абдан ашыгып жатасың го дейм? Балким, тиги адепсиз эмени кууп жеткиң келеби? Али
да кеч эмес, сага өз атымды берейин?
Сөзгө да, сөздүн айтылган кыязына да өтө нааразы болгон кыз чалкалап кетти,
бирок нааразы болгонун жашырбай, шаңкылдап күлүп жиберди.
— Түзүк... түзүк... Сага карап туруп, бир балаа болду го деп ойлодум эле. Кыязы,
жанагы чабарманга ашык болуп калган окшойт. Калыбы, кооз кийими менен ал сени
сыйкырлап салган го? Бирок билип кой, — ал тоту куштун жүнү менен кооздонгон чоң
карга, мага анын жүнүн, мүмкүн, териси менен кошо жулууга туура келер.
— Уялсаң боло, Кассий!
— Сен уялышың керек, Лу. Кайдагы бир селсаякка, жасанган маскарапозго куштар
болгонуң жакшы эмес! Фортто карапайым почтальон болуп иштей турганында шегим
жок.
— Почтальон деп ойлойсуңбу? 0, ушундай кат ташуучунун колунан сүйгөн кишимин
катын алсам кандай сонун болор эле.
— Анда ылдамыраак барып, өзүнө айткын!
— Ха-ха-ха! Ошондойбу! Тамаша кылуу үчүн прернянын ушундай почтальонун кууп
жетким келсе да, сенин кашаң чобурун менен кууп жете албас элем. Сен атыңан
түшкөнчө, ал көздөн кайым болуп кетет. О, жок! Канчалык кылсам да, баары бир аны
кууп жете албайм.
— Байкагын, атаң угуп коюп жүрбөсүн.
— Сен байкагын, сенин сөзүңдү угуп жүрбөсүн, — кыз ага эми чындап сүйлөдү. —
Мага жээн болсоң да, атам сени ашкан мыкты деп эсептесе да, сен тууралуу менин
пикирим башкача. Муну мен сенден жашырбайм, жашырган да эмесмин.
Кольхаун күйдүргү сөзгө кабагын чытып койду.
— Сен мага жээн болосуң. — Креолка томсоруп сөзүн улантты, — мен үчүн жээн
гана экениңди эсиңен чыгарба, бар болгону жээнсиң капитан Кассий Кольхаун. Сен
мага акыл үйрөтөм деп убара болбой эле кой. Мен бир кишиден гана кеңеш сурайм,
ошо киши гана мага кине коюшу мүмкүн. Ошондуктан сенден сураганым мастер17 Каш,
сен мени жайыма кой. Өзүмө кеңештеш болгудай киши жолукканча, эмне ойлоп, эмне
кылганым жөнүндө эч кимге эсеп бербейм. Бирок мага кеңештеш болчу киши сен
эмессиң!.
Оозун аппак кылып, кыз жаздыкка дагы чалкалады да, кыжыры келип, жек
көргөнсүп, капитанды баштан аяк карап койду. Анан, эми сени менен сүйлөшкүм да
келбейт деп ишарат кылгансып, каретасынын пардасын жаап салды.
Араба айдагандардын ызы-чуусу селдейип калган капитанды чоочутуп жиберди.
Капкара болуп өрттөлгөн жер менен саябан арабалар дагы жөнөдү. Бул карарган жер
Кассий Кольхаундун пикиринен карараак эмес эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

ПРЕРИЯДАГЫ МАЯК
Жол жөнүндө эми саякатчылар кайгырган жок.
Кыл аркандын жылан сойлогондой изи ушунчалык даана көрүндү, ал изди
кубалаган бала да адашпас эле.
Изи тике кетпестен, бадалдардын арасынан ийри-муйру болуп жүрүп отурду.
Өсүмдүгү жок жерге келгенде кээде жол четке чыга берип турду.
Бул окусунан болгон иш эмес эле. Мындай жерлерде терең аң, ар түрдүү
тоскоолдуктар көп болот. Саябан арабаларга жол көрсөтүп, аркан жыланча буйтап
сойлоп отурду.
— Жаш жигиттин мунусу кыраакылык болгон экен, — деди Пойндекстер. — Кап,
анын атын сурабаганыбызга абдан өкүнөм. Эгерде ал форт менен байланыштуу болсо,
аны менен көрүшүүбүз мүмкүн.
— Аны менен көрүшөбүз го деген үмүтүм бар, — деди Генри.
Бул сөздөрдү Луиза да угуп отурду. Ал эчтеке деген жок, бирок Генринин үмүтүнө
бүткүл жүрөгү менен ортоктош болду.
Кыйын жол жүрүү тезден бүтүп, жаңы жериме күн батканча жетебиз го деп
кубанып, плантатордун көңүлү жайдары болуп турду. Күтпөгөн жерден ал
айланасындагыларга деле ырайымдуу болуп кетти. Бой көтөрбөстөн көзөмөлчү менен
сүйлөштү, буту ыйлаактап зорго баскан Сиипио карыя менен тамашалашканы токтоду,
бала көтөрүп келе жаткан Хлоя кемпирге кайрат айтканы жанына барды. Башка кул ээлерине салыштырганда Вудли Пойндекстерди мээримсиз кожоюн деп айтууга
болбойт эле. Негрлер да андан коркуп турушканы менен, аны кандайдыр өздөрүнчө
жакшы көрүшөр эле. Кулдарды камчылап жазалоо керек деп эсептегени менен, өз
кулдарын сабапкыйноону кеп жакшы көрүүчү эмес. Ошентип эсептегени менен,
кыйнап, сабагандан кулдарынын денесинде бир да так болбогондугуна ал мактанчу
эле.
Плантатордун көңүлүнүн жайдары болуп турганына өзү менен кошо
келаткандардын ортоктош болгону да таң каларлык эмес, кыйын жол тартуудан кийин
көп узабай эле дем алабыз го деп бардыгы ишенди, а түгүл, чарчап, кыйналган негрлер
да шаттанып кобураша баштады.
Жалгыз капитандын гана кабагына кар жаап, түнөрүп турду.
Бирок тезден эле капылес кырдаал дагы кабатыр кылды.
Бейтааныш киши туура айткан экен: кипарис көрүнгөнчө күндүн көзү көрүнбөй
калды.
Бирок бул кырдаал аларды чочутпоо керек, аркандын изи мурдагысындай эле ачык
көрүнүп тургандыктан, күнгө карабай эле жол тарта берүүгө болот. Бирок асманды
булут каптап калганынын өзү эле жолоочулардын ындынын өчүрдү.
— Күн батып баратат деп ойлоого болор эле, — деди плантатор алтын саатын
карап, — бирок саат үч эле болуптур. Бактыбыз бар экен, бейтааныш жигит бизге
жардам берди. Эгер ал болбосо, бул өрттөнгөн талаада күн батканча адашып жүрмөк
экенбиз. Балким, ушул жерде түнөп да калат белек.
— Төшөнчүбүз да капкара болмок экен! — Генри сөздү дагы көңүлдүүрөөк кылыш
үчүн тамашалады, — мындай капкара жерде уктоого туура келсе, абдан коркунучтуу
түш көрмөк экенмин.
— Мен да, — деп кошумчалады карындашы парданын арт жагынан шыкаалап,
ыраак жакка көз чаптырып. — Тозоктогу Плуто18 менен Прозерпина19 шексиз түшүмө
кирет эле.
— Хи-хи-хи! — деди араба айдап бараткан, Пойндекстердин Плутосу деген ат
менен плантациялардын китебинде жазылып жүргөн негр Жаху күлүмсүрөп. — Ушул
капкара болгон прерияда жаш мисс менен мени түшүндө көрмөк экен. Эң кызык түш
болмок! Хи-хи-хи!
— Күлөр убакты тапкан экенсиңер, — деди Кольхаун, жакын бастырып келип, —
чын эле капкара болгон прерияда түнөп кала тургандай болуп турабыз. Андан да
жаман бирдеме болбосо эле болду.
— Бул сөзүң менен эмне демекчисиң, Каш? — деп сурады плантатор.
— Менин айтайын дегеним, таяке, жанагы жигит бизди алдады окшойт. Алдады
деп үзүл-кесил айта албайм, бирок биздин ишибиз жаман болгон сыяктанат. Беш
милядан ашык жол жүрдүк, а кипарис кайда? Менин көзүм абдан курч, бирок алыска
канчалык карасам да, кипаристин караанын эч жерден такыр көрө албадым.
— Ал бизди эмне үчүн алдамак эле?
— «Эмне үчүн» дегениңиз кызык экен? Мен кайдан билейин? Балким, алдай турган
себептери көптүр.
— Эң болбогондо ошол себептердин бирөөн бизге айтып берчи, — шаңкылдаган
добуш каретадан угулду. — Биз сенин сөзүңдү кунт коюп угалы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

— Ананчы, жанагы немеге тиешелүү сөздү бөтөнчө кунг коюп угарыңызда шек жок.
— Кольхаун кекээрденип жооп кайтарды. — Эгерде мен оюмду айтсам, анда сиз жок
жерден калп айтасың дээр элеңиз.
— Ал сенин сөзүңө жараша болот, мастер Кассий, өзүң ушундай тажрыйбалуу
саякатчы, аскер адамы болуп туруп, жок жерден чочутат деп ойлой албайбыз.
Кольхаун ушул кекээрдеген шылдыңды түшүнө койду, эгерде айткын деп плантатор
кыстабаса, ал сөзүн улантып, түшүндүрбөс эле.
— Бери карачы, Кассий, деги иштин жөнүн түшүндүр» чү, — деп сурады плантатор.
— Жанагы сенин айтканың жүрөгүбүздү өйкөй баштады. Бизге жалган жеринен жол
көрсөткүдөй, бейтааныш жигиттин көздөгөн максаты кайсы?
— Болуптур, таяке, — деди Кольхаун, бирок анын сөзүнүн кыязында мурункудай
өзүнө өзү ишенгендик болгон жок. — Мен дал ошондой болот деген жерим жок, жөн
эле өзүм болжолдоп жатам.
— Болжолуң кандай?
— Ар кандай болушу мүмкүн! Бул прерияда кербендерге кол салып, өлтүрүп кеткен
учурлар аз болбойт.
— Өлчөөсү курусун! — Луиза кара күчкө коркумуш болуп койду.
— Ким, индеецтерби? — деп сурады Пойндекстер.
— Индеецтер болбоо да мүмкүн. Өздөрүн индеецпиз деген актар да,
мексикалыктар да табылат. Ал үчүн бир аз гана кара кочкул боёк, жылкынын
куйругунан жасалган парик, баш кийимге тагынгандай куштун бир нече канаты гана
керек. Бардык маскарад ошол эле «Ак индеецтердин» бандасы бизди карактап алса,
ал үчүн биз өзүбүздү гана айыптоого тийишпиз. Көрүнгөн кишиге эле кагылбаган
балача ишене бергенибиз үчүн жазабызды тартабыз.
— Койчу, Кассий! Минтип айыптоонун эмне кереги бар? Же бейтааныш жигит
алдап, тузакка түшүрдү дегиң келип
турабы?
— Жок таяке, антип айткан жерим жок, бирок ошондой окуялар боло турганын
билем. Балким, жанагы жигиттин колунан да ошондой иш келер.
— Мүмкүн, бирок андай боло койбос, — кекээрдеп какшыктаган добуш каретадан
угулду.
— Жок, — бир аз алды жакта келатса да, сөздү уккан жаш Генрих жооп кайтарды,
— сенин шек санаганың туура эмес, Кассий. Мунуң жалаа. Жалаа экенин мен сага
далилдей да алам. Тетиги жакты карачы.
Жаш жигит атынын оозун жыйып, бийик кактусту көрсөттү. Анын ширелүү, көпкөк
сөңгөгү өрттөн аман калган экен.
Бирок Генри Пойндекстер өзүнүн жолдошторунун көңүлүн тиги өсүмдүккө эмес,
анын тикенегине илинүү турган кичинекей ак карточкага бурду.
— Эмне жазылды экен, — карап көрөлүчү, — деп жигит карточкага жакын
бастырып келди да: — «Кипарис көрүнүп турат», — деп жарыя окуду.
— Кайда? — деп сурады Пойндекстер.
— Колдун сүрөтү тартылыптыр, — деп жооп кайтарды Генри. — Сөөмөйү менен
кипаристи көрсөтүп турганында шек жок.
Карточкада көрсөтүлгөн багытка бардыгы карай баштады.
Күндүн көзү ачык болсо, кипарис адеп караганда эле көрүнмөк. Аңгыча болбой
асман кара-көк тартып, горизонттон жыгачтын башына окшогон эч нерсени ажыратууга
мүмкүн болбоду.
— Аерде эчтеке жок, — деди Кольхаун көзү жетип тургандай, — жанагы селсаяк
бизди дагы бир келеке кылгысы келгени ушу.
— Жаңылышасың, — деди Кассийге улам эле каршы чыга берген добуш, — дүрбү
менен карачы. Сонун көрчү
курч көзүң бузулуп калбаса, горизонттон дал жыгачка окшогон бирдемени көрөсүң,
ошол кипарис болуу керек.
Кольхаун унчукпай калды. Луизанын чын айтканын ал биле койду.
Ошондо Пойндекстер дүрбүнү алып, прериядан сороюп турган кипаристи ачык
көрдү.
— Туура, — деди ал, — кипарис көрүнүп турат. Бейтааныш кишинин ниети ак экен,
ал жөнүндө сенин айтканың адилетсиздик, Каш. Бейтааныш жигит бизди келеке
кылып, алдай турган ою жок экенине ишенгем. Эмесе бастыргыла, Мистер Сансом,
кирени айдашсын, буйрук бериңиз!
Кольхаун атын теминип, прерия менен чапкылап кетти. Антүүдөн башка анын эч
кандай айласы калган жок.
— Теңир жалгаган Генри, карточканы мага берчи, — деди акырын гана Луиза. —
Бизге жардам берген стрелканы көргүм келет. Эми багытты билебиз, карточканы
кактуста калтыруунун зарылдыгы жок.
Карындашы эмне себептен өзүнө ушундай өтүнүч менен кайрылганын ойлонуп
турбастан, Генри карточканы кактустан алып, Луизанын тизесине ыргытып таштады.
— Морис Жеральд! — деп күбүрөдү креолка карточканын арт жагындагы ысымды
көрө коюп. — Морис Жеральд, — деп толкунданып, карточканы көкүрөгүнө катып,
дагы кайталады. — Ким болбогун, кайдан келбегин, каякка сапар чекпегин, ким болсоң
ал бол, азыртан тартып экөөбүздүн тагдырыбыз бир. Төбөмдөгү асманды кандай ачык
көрсөм, экөөбүздүн тагдырыбыз да бир болорун дал ошондой ачык көрүп турам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

IV глава
КАРА НОРД
Бирөө сыйкырдап койгондой, Луиза кыялга батып отура берди. Эки чыкыйын
ипичке колдору менен кысып отурганына караганда эмне болгонун түшүнүүгө,
келечекте эмне болорун билүүгө бүткүл көңүлү, бардык күчү багытталгандай
сыяктанды.
Бирок көп узабай эле анын кыялын кандайдыр дүмөктүү добуштар бузуп кетти.
Бир тууганынын чочуган үнүн уга койду. — Карачы, ата. Тетиги немелерди көрбөй
турасыңбы? .— Кайда Генри, кайда?
— Тигине саябан арабалардын арты жагында. Эми көрдүнбү?
— Ооба, бирдеме көрдүм, бирок эмне экенин түшүнө албай жатам. Эмнеге окшойт
десем... — деп калтаарып, Пойндекстер бир минутага токтоло калды. — Бул эмне
экенин чын эле түшүнбөй жатам...
Сол тараптан прериядан күтпөгөн жерден бүтүндөй капкара бир нече колонна
көрүндү. Колонналардын ачык-айрым формасы жок экен, көлөмү да, кебетеси да
улам-улам өзгөрө берди; бирде ордунда тургандай, бирде өтө эле укмуштуу
айкашкандай бир бирине жөлөнүп, эңкейип коньки тээп келаткан алптар сыяктуу
нерселер күл баскан жерде жылып жүрдү.
Бул өңдүү нерсени эч качан көрбөгөн кишилердин аябай кооптонгону таң каларлык
иш эмес. Кандайдыр коркунучтуу капсалаң каптап келатканын бардыгы түшүнүштү.
Кире токтоп калды. Үрөйү учкандай кыйкырыктар угулду. Аттар кишенеп, качырлар
өкүрө баштады.
Кара мунаралар жактан шаркыратманын үнүнө окшогон кандайдыр күрүлдөгөн
добуш угулду, кээде мылтыктардын тарсылдаганындай же алыстан күн күркүрөгөндөй
добуш чыга калып турду.
Күрүлдөгөн добуш улам күчөп, ачык угула баштады. Белгисиз коркунуч жакындай
берди.
Коркконунан алардын бардыгы селдейип калды, капитан да коркпой койгон жок.
Бүткүл асманды каптап келаткан коргошундай кара-көк туманга бардыгы карап турду,
улам жакындап келаткан кара керемет өздөрүн басып өлтүрчүдөй сыяктанды.
Ушундай мүңкүрөткөн минутада оро-пара жактан кыйкырык угулду; кыйкырык
чочутканы менен, беркилердин көңүлүн бир аз тынчтантты. Жолоочулар кылчайып
карап, өздөрүн көздөй чымын-куюн болуп чапкылап келе жаткан атчан кишини көрө
коюшту.
Анын аты да, өзү да көө жапкандай капкара экен.
Бирок, ошого карабастан, аны тааный коюшту. Бул баягы кыл арканынын изин
калтырган бейтааныш жигит эле.
Каретадагы кыз аны биринчи тааныды.
— Алга! — деп, кербенге жакындаар менен бейтааныш жигит кыйкырды. —
Мүмкүн катар ылдамыраак жүргүлө!
— Тиги эмне? — деп сурады үрөйү учкан плантатор, — башыбызга коркунуч
түшөбү?
— Ооба. Силерди таштап кеткенимде, мындай болот экен деп күткөн жок элем.
Дарыяга жеткенде гана ушул коркунучтун белгисин көрдүм.
— Эмнени, сэр?
— Нордду.
— Катуу бороонду ушинтип атайсыңарбы?
— Ооба.
— Нордду коркунучтуу болот деп мен эч качан уккан эмес элем, деңиздеги
кемелерге гана коркунучтуу болсо керек эле, — деп койду Кольхаун. — Мен, албетте,
норд чучукка жеткен суукту ала келерин билем, бирок...
— Жалаң суукту гана эмес, сэр... Шашылыш керек. Мистер Пойндекстер, — деп
атчан киши плантаторго чыдамсыздык менен шашыла кайрылды, — сиз да, сиздин
кишилериңиз да коркунучта. Норд дайым эле коркунучтуу болбойт, бирок мына бул
мени абдан чочутуп турат. Тетиги кара куюнду көрдүңүзбү?
— Биз ошону карап, эмне экенин түшүнө албай жаттык эле.
— Ал катуу бороондун жышанасы, ал өзүнчө коркунучтуу эмес. Бирок тетиги жакты
караңызчы. Асманды каптап алган тетиги кара туманды көрдүңүзбү? Сиз мына
ошондон коркушуңуз керек. Сизди бекеринен коркуткум келбейт, бирок ал кыргын
салып келатканын айтышым керек. Ал бери келатат. Андан ылдам жүрүп гана аман
калууга болот. Эгерде шашылбасаңыз, кеч болуп калат. Он минутадан кийин ал биерге
жетет да, ошондо... Ылдамдатыңыз, сэр, сизден көптөн-көп сураганым,
ылдамдатыңыз! Мүмкүн катары алга айдагыла деп, арабакечтериңиздерге буйрук
бериңиз. Сизге асман өзү буйрук берип жатат!
Ушул үзүл-кесил талапка моюн сунуп, плантатор кирени, жаныңардын бардыгынча
айдагыла деп буйрук берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Араба айдагандар сезген ушул кереметтүү коркунучту аттар да сезип, камчы
чаптырган жок.
Карета менен атчан кишилер мурдагысындай эле алдыда баратты. Капсалаңдуу
коркунучтан кербенди коргогонсуп, бейтааныш жигит артта бастырып келе жатты.
Ал мезгил-мезгили менен тизгинин жыйып, кылчактап карай берди, караган сайын
көбүрөөк чочулаганы байкалып турду. Ошенткенин байкап, плантатор анын жанына
бастырып келди да:
— Коркунуч али өтө элекпи? — деп сурады.
— Атаганат, көңүлүңүздү жубаткыдай эч нерсе айта албайм. Шамал багытын
өзгөртөр бекен деп ойлодум эле.
— Шамалбы? Менэчкандай шамалды байкаганым жок.
— Биерде жок. Коркунучтуу кара бороон тетиги жакта. Ой тобо, опсуз тез келатат.
Өрттөнгөн прериядан өтүп кетүүгө үлгүрө албайт окшойбуз.
— Эмне кылыш керек? — деди үнүн көтөрө чыгарып плантатор коркконунан.
— Качырларыңызды дагы катуурак айдоого болбос бекен?
— Жок. Алар ансыз да арып, жүрбөй кала турган болду.
— Андай болсо, кеч болуп калды го деп корком.
Бейтааныш жигит дагы бир жолу кылчайып, куюндардын кандай тез келатканын
эсептегенсип, кара куюнга карады.
— Ырас, кеч болуп калды! — деп жиберди ал. — Куюн бизден алда канча тез
келатат... Куюндан кутулууга үмүт кылбай эле коюңуз.
— Кудая тобо, сэр! Чын эле эч кандай арга жокпу? — деп сурады плантатор.
Бейтааныш жигит маалкатып жооп кайтарбады. Бир аз унчукпай тунжурап ойлонуп
калды.
Ал эми асманга караган жок; анын көзү саябан арабаларга келип токтоду.
— Чын эле коркунучтан кутулууга болбойбу? — деп жиберди плантатор айласы
кеткенсип.
— Болот, — деп атчан киши кубана жооп кайтарды: кандайдыр жакшы ой кылт
эсине түшө калгандай сыяктанды. — Арга бар. А жөнүндө мурун ойлогон эмес
экенмин. Кара бороондон качып кутулууга болбойт, бирок коркунучтан кутула алабыз.
Тезирээк, мистер Пойндекстер! Аттар менен качырлардын башын чулгап койгула деп
буйрук бериңиз: антпесе алар сокур болуп, кутуруп кетет. Одеяло, жоолук баары
жарайт. Алардын башын чулгагандан кийин кишилердин баарысы саябан арабаларга
кирсин. Саябан арабалардын жабууларын бардык тарабынан бекем байлаш керек.
Калгандары жөнүндө өзүм кам жейм.
Ушундай көрсөтмө бергенден кийин, Пойндекстер көзөмөлчү менен
жумушкерлерине буйрук берип жатканда, бейтааныш атчан жигит каретаны көздөй
бастырды.
— Азиз бийкеч, — деп атчан киши сүйлөдү каретанын жанына келип, —
пардаларыңыздын баарын түшүрүп коюңуз. Арабакечиңиз каретага кирсин. Сиздер да,
— деди ал Генри менен Кольхаунга, жаңы эле келген Пойндекстерге кайрылып. —
Баарыңарга орун жетет. Теңир жалгагырлар, тезирээк болгула! Убактыны кетирбегиле.
Бир нече минутадан кийин кара бороон уюлгуп, бизди каптайт.
— А сизчи, сэр? — деп атайы көңүл бургандай, плантатор өздөрүн кырсыктан
куткармакчы болгон кишиден сурады. — Сиз эмне кыласыз?
— Мен жөнүндө кайгырбаңыз. Эмне болоорубузду билем, мындай коркунучтан
нечен жолу сактанууга туура -келген. Жашыныңыз, теңир жалгагыр! Бир минутаны
текке кетирүүгө болбойт. Улуган добушту угуп жатасыз го. Кара чаң каптаганча,
ылдамыраак болуңуз.
Плантатор баласы менен аттан ыргып түшүп каретага киришти.
Кольхаун көгөрүп атынан түшкөн жок. Мексикалыкча кийинген бу киши
жашырынбаган, кандайдыр кыялдагы коркунучтан ал эмне үчүн коркушу керек?
Бейтааныш киши кыстаган жок. Ал көзөмөлчүгө жанындагы арабага киргин деди;
көзөмөлчү кыңк этпей, анын сөзүнө баш ийди.
Эми өзү жөнүндө ойлоого да болот эле. Бейтааныш жигит серапэсин тез чечип,
атынын башына чүмкөп, учун мойнуна ороп байлап койду. Кытай крепинен жасалган
моюн ороочун шыпылдата чечип, калпагын тегерете ороду да, бир учун лентанын
астынан тыгып, экинчи учун төмөн түшүрүп койду, — анысы чүмбөткө окшоп калды.
Бетин биротоло чүмбөттөөдөн мурун, ал карета жакка дагы бир кылчайып карады
да, дагы эле атынан түшпөй турган Кольхаунду көрүп, таң калды. Аны өз ичинен
кыртышы сүйбөй турганын басып, бейтааныш киши беркилерден дагы туруктуу талап
кылып:
— Каретага дароо кириңиз, болбосо өлөсүз, — деди.
Кольхаун бул жолу моюн сунду. Каптап келаткан кара бороондун жышаанасы өтө
ачык эле. Кара күчкө шашпагансып, ал атынан түштү да, кере тартылган пардаларга
корголоп, каретага кирди.
Бир аздан кийин эмне болгонун сүрөттөп жазуу өтө кыйын. Капсалаңдан кандай
укмуш болгонун эч ким көргөн жок, себеби, ага бет багып кароого эч ким даабады.
Эгер даап караса да, баары бир эч ким эчтеме көрө албайт эле.
Качырлардын башын чулгап байлагандан кийин беш минутадай убакыт өткөндө,
кербенди көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап калды.
Жолоочулар кара бороондун башталганын гана көрүштү. Уюлгуп келаткан
куюндардын бирөө саябан арабага келип тийип, уюлгутуп, абаны кара топурак менен
толтуруп кетти. Анан, домнанын оозунан чыккансып, ысык шамал жаба берди. Анын
артынан, улуп-уңшуп, ыркыраган суук жандан өткөн шамал сокту. Шамалдын
уңшуганы саябаи арабанын пардасына келип тийгенде зырылдап ышкырганы гана
угулду. Коркунучту сезген качырлар былк этпей турду. Кара бороондун күрүлдөгөнүнөн
кишилердин добушу угулган жок. Өрттөнгөн прериядан шамал учуруп, тоскоктой
болуп майдаланган, бирок өлтүрбөй койбоочу чаңга айланган күл абага толуп кетти.
Буркураган кара күл абаны бир саатка жакын каптап турду. Сыртка кароого
батынбай, камактагы эмелерче, жолоочуларыбыз бир саатча былк этпей отурду.
Акырында каретанын дал пардасынын жанынан бей-тааныш кишинин үнү угулду.
— Чыксаңыздар болот, — деди ал моюн ороочун бетинен алып жатып. — Бороон
токтолгон жок, дагы бир эки күнгө созулушу мүмкүн, бирок эми корккудай эчтеме жок.
Күлдү бүт учуруп кетти. Күлгө Рио-Гранденин берки өйүзүнөн жолуга албайсыңар.
— Сэр, — деди плантатор каретадан шашыла чыгып жатып, — биз сизге
милдеткербиз. ..
— ...Жаныбызды алып калдыңыз! — деп жиберди Генри ылайыктуу сөз таба албай.
— Бизге атыңызды айтуудан баш тартпаңыз.
— Морис Жеральд, — деп жооп кайтарды бейтааныш киши. — Бирок фортто мени
көбүнчө Морис-мустангер20 деп аташат.
— Мустангер! — деп жектегенсип, Луиза гана уккандай кылып, Кольхаун акырын
сүйлөдү.
«Бар болгону мустангер турбайбы» — деп ойлоду ак сөөк Пойндекстер; анын
алкыш айтмак болуп демеленгени көрүнөө сууй түштү.
Анын атын укканда, Луиза карточканы көкүрөгүнө басты да, өзүнөн башка эч ким
укпагандай кылып, онго баткансып күбүрөдү:
— Морис-мустангер, креолканы сен өзүңө аябай ашык кылдың.
— Эми силерге менин керегим жок, жолду менсиз да, менин чалмамсыз да
табасыңар, — деди жапайы жылкы уулаган киши. — Кипарис көрүнүп турат, тике эле
ошону көздөй бет алгыла. Дарыядан өткөндөн кийин форттун үстүнөн желбиреген
желек көрөсүңөр. Караңгы түшкөнчө барып жетесиңер. Мен шашып жатам, силер
менен коштошуум керек.
Тозоктун атына минген азырейилди көзүбүзгө элестетсек, плантатор менен анын
жолдошторун экинчи жолу таштап кеткенде, Морис-мустангер дал ошого окшогон
болор эле. Бирок бейтааныш жигиттин көө болгон бети, карапайым кесиби Луиза
Пойндекстердин алдына мустангердин кадырын кемсинте алган жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

V глава
МУСТАНГ УУЛАГАН КИШИНИН КЕПЕСИ
Адырлуу прериядан Рио-де-Нуэсес 21 өзүнүн суусун жүздөгөн куймаларынан,
өзөндөрдөн чогулткан жерде, куду аралдардай болуп, эмен менен жаңгак өскөн
чачыранды токойлор бар.
Жээкти бойлото чытырман токой суюлуп кетет, бирок акация менен кошо кактус,
жапайы алоэ, копай бальзамы, жыгач сымал юкка22, куду момго окшогон ак гүлдөрү
бар жыпар гардения өскөн жерден тикенектүү бадалдарды көрөсүңөр. Бадалдан
шыңкыйып бийик өскөн, келишимдүү фукиера23 куду желпилдеген желек сыяктанып,
өзүнүн кызыл гүлүн жайкалтып турат.
Ботаниктер менен жапайы табиятты жакшы көргөн кишилер үчүн буерде кызык
нерселер көп. Бирок бул жерлер дыйканды кызыктырбайт; ушул укмуштуу
өсүмдүктөрдүн баары арык жерге чыга турганын дыйкан жакшы билет.
Бирок аерде жаңгак, тал, бир нече түрдөгү эмендер өскөн семиз жерлер да бар,
кайсы бир жерлерден кипарис менен терек да учурайт.
Ал жерлердеги өзөн суулар кристаллдай таптаза болот да, көпкөк асманды
чагылтып көрсөтөт. Күндүн, айдын, жылдыздардын көзүн булут эч качан каптабайт
десе да болот. Жан-жаныбардын коркунучтуу душманы болгон ооруларды аерде
билишпейт.
Бирок маданияттуу кишилер аерге али көчүп келе элек, мурдагысындай эле
токойдун арасындагы чатышкан жалгыз аяк жолдордо жалаң команчилер24 гана
кыдырып жүрөт. Ошондуктан жапайы айбанаттар ошол аймактарда жүргөндү жакшы
көрө тургандыр?
Аердегидей көп бугу, маралды, коркок жейренди бардык Техастын эч жеринен
жолуктура албайсыңар.
Сыны менен түсү жагынан өтө кооз канаттуулар жерди көркүнө чыгарат. Бырпырап
квелилер25 асманга атырылып чыгат; король кулаалылары асманда калкып жүрөт;
опсуз чоң жапайы күрптөр жаңгак өскөн токойдун четинде жаркыраган төшүн күнгө
кактап жатат; шактуу акациянын арасында куйругу ачакей машинечи куштар элес-булас
көрүнүп калат; ошол куштарды жергиликтүү калк бейиш кушу деп аташат.
Кулпурган көпөлөктөр канатын кеңири жайып, бирде абада калкып учат, бирде
өзүнүн келбети, түсү менен айкалышкан гүлдө конуп отурат. Килейген түктүү аарылар
көлөмү жагынан өздөрүнөн кем калышпаган колибриден таттуу ширени талашып,
гүлдөгөн бадалдын арасында дыңылдап учуп жүрөт.
Бирок ушул эң сонун табияттын арасында адамдын каардуу душманы бар экени
эсиңердедир. Биердегидей эбегейсиз чоң, уулуу жылан бүткүл Түндүк Американын эч жеринен жолукпайт; индеецтер «мокасин» деп аташкан уулуу жылан да көп кезигет.
Бөйү, чаян, миңаяктар кадам сайын адамды чагып өлтүрүшү мүмкүн.
Дарыялардын токойлуу жээктеринде чаар ала оцелот26, пума27 жана жергиликтүү
жолборс — ягуар жортуп жүрөт. Ягуар жүргөн жердин түндүк чеги ошерден өтөт.
Техастын ач бөрүсү дабышын чыгарбай, майда токой өскөн жерлердин четинен
көрүнүп калат; анын тукумдашы коркок койоттор ачык талаада үйүр-тобу менен
жортуп жүрөт.
Ошол прериянын от жайыттарында айбанаттардын эң асылы, адамдын төрт буттуу
досторунун арасынан эң акылдуусу болгон жылкы жайылып жүрөт. Жылкы аерде
жапайы, адамдын кесиринен бузулбай эркин жашайт. Аердеги жылкы жүгөн дегенди
билбейт, ээрден жоор да болбойт.
Бирок ошол кастарлуу жерлерде да жылкы кээде өз эрки менен жүрө албайт. Адам
жылкыны уулап, кармап үйрөтүүнү үйрөндү. Жапайы бээни — чаар мустангды
Морисмустангер деген жигит ошерден кармап, ошерде үйрөттү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Рио-де-Нуэсеске куйган өзөндөрдүн бири. Аламонун жээгинде кичинекей бир кооз
кепе бар. Андай кепелер Техаста көп болот.
Жыгач сыяктуу юкканын сөңгөктөрүн жара чаап, жерге орнотуп салынган кепе эле.
Кепенин үстү ошол эле эбегейсиз чоң лилиянын шиштүү жалбырактары менен
жабылган. Орнотулган жыгачтардын арасында Батыш Техастагыдай болбой, ылай
менен шыбалган эмес, ич жагы жылкынын териси менен капталып коюлган.
Мексиканын столетник деген жыгачынын тикенектери мык ордуна колдонулуп.
жылкынын ошол оор терилерин тутуп турат.
Дарыянын бийик кашаттарында кепе үчүн курулуш материалы болгон өсүмдүктөр
көп. Аерде жапайы өскөн юкка, столетник, жемиш бербөөчү дагы башка өсүмдүктөр
бар, бирок ылдый жактагы семиз өрөөндө эң сонун токой өсөт, анда тыт жыгачы, эмен
кеп.
Дарыянын боюндагы калың токойдун арасынан кичирээк шалбаалар, ширелүү чөп,
мексикалыктар грама деп атаган дагы чөп өскөн саванналар жолугат. Ошондой
өрөөндөр, дарыянын жээгине чыккан токойдун арасында, жанагы биз айткан жөнөкөй
кепе турат. Аны дарыя жактан гана көрүүгө болот; ошондо да дал бет маңдайында
туруп карасаң гана көрөсүң. Кепенин эң жөнөкөй курулушу, сырынын оңуп кеткени
аны андан бетер байкатпайт.
Ал үй маркитанттын28 дүкөнүнөн чоң эмес. Бир жак дубалына салынган кичинекей
очоктон чыккан морду эсептебегенде үйдөгү бирден-бир тешик — анын эшиги.
Эшиктин босого таягы жылкынын териси менен капталып, ошондой эле кайыш менен
эшиктин кашегине бекитилген.
Кепенин арт жагында юкканын жалбырактары менен жабылып жанаша өскөн
жыгачтардын сөңгөгүнө байланган чабак жыгачтар менен тосулган кичинекей
бастырма бар.
Кепе менен тик кашаттын ортосунда чоңдугу бир акрга 29 жакын участок да
ошондой кашаа менен тосуп коюлган. Ал — жапайы жылкыны — мустангдарды камай
турган короо.
Чын эле кашаанын ичинде он чакты, мүмкүн андан көбүрөөк ат бар. Алар жакында
эле кармалып, туткунга зорго чыдаганы — коркуп, үрккөн көздөрүнөн, туйлаганынан
көрүнүп турат.
Кепенин жайгаштырылышы, жасалгасы да анчалык жаман эмес. Мустангдардын
жумшак ийленип, жылтыраган кара, тору, тору ала, кардай апаппак терилери бөлмөнү
көркүнө чыгарып турат.
Үйдүн эмеректери өтө жөнөкөй: керебет ордуна жылкынын терисин каптаган
тактай, сомдолун жасалган эки орундук, юкка жыгачынын тактайынан жасалган стол —
үйдөгү бардык жасалга ушул. Үйдүн бурчунан төшөнчүгө окшогон дагы бир нерсе
көрүнүп турат.
Китеп коюлган текче, калем уч, сыя челек, кагаз, столдун үстүндөгү газета
кандайдыр күтпөгөн жерден ушул кичинекей кепеде көздүн кычуусун кандырат.
Маданиятты 8ске салган кандайдыр буюмдар да бар: жакшынакай жасалган
булгаары сандык, кош ооз мылтык, зергер жасаган күмүш стакан, мергенчинин чоору
менен узун шапалагы турат.
Полдо көбүнчө калайдан жасалган бир нече ашкана буюмдары турат; бурчтагы —
талдан токулган чабырга салынган чоң шишеде Аламо суусунан алда канчалык
күчтүүрөөк ичкилик бар сыяктанат.
Калган буюмдар жалпы көрүнүштөн өөн учурабайт. Мексикалыктардын кашы
бийик ээри, кылдан эшилген ноктосу менен жүгөн, ошондой эле кыл чылбыр, эки-үч
серапэ, бир нече түрмөк аркан — ушунун бары кепенин кебетесине толук жарашып
турат. Мустангердин үйү мына ушундай эле.
Бөлмөнүн ортосундагы орундуктардын биринде коюу сары чачы саксайган, өңү
кызыл-чийкил, малайга окшогон бир жоон киши отурду. Анын кийгени — плистен
тигилген бриджа, ошондой эле гетр. Бир кездеги көк-жашыл өңү небак оңуп кара
күрөң болуп калган баркыт күрмөнүн ар түрдүү көлөмдөгү чөнтөктөрү эң эле көп.
Кырын өйдө түрүп, бир жагына кыйшайта кийген калпагы анын кийимин толуктап
турду. Булардан башка калың коленкор көйнөгүнүн жакасын айландыра ороп койгон
кызыл чыт жоолугун, бутундагы ирландыктардын башмагын айта кетүүгө да болот.
Кийими, жүргөн-турганы ал кишинин ирландиялык экенин көрсөтүп турду.
Эгер шек санаган киши болсо, көлтөйгөн киши сүйлөй баштаганда эле, анын
ирландиялык экенине көзү жетер эле. Ирландияда Гальвей графствосунда гана
ошондой акцент менен сүйлөшөт, Кепеде эч ким жок экенине карабастан, гальвеец
кобурап сүйлөй берди. Бирок эч ким жок деп айтууга болбойт эле. Жылтылдап күйүп
жаткан очоктун жанында тумшугун отко кактап, жылкынын талпагынын үстүндө бугу
тиштеп жүргөн бир чоң тайган жатат. Сүйлөшүп жаткан кишинин тилин ит түшүнө
тургандай көрүндү.
— Коош, Тара, ардагым, — деди плис бриджи кийген киши, — кайра
Биллибаллахка кеткиң келеби? Аерде барып бир аз семирсең жаман болбос эле.
Карачы, кабыргаң жөн эле саналып турат. Ээ, досум, мен өзүм да ошо жакка баргым
келет. Бирок кожоюн качан келип, бизди алып кетерин ким билет! Эчтеке эмес, Тара,
ал жакында сеттльментке30 барыш керек, картаң дөбөтүм, бизди да ала кетем деген болчу — эң жок дегенде ошентет деп көңүлүбүздү жубаталы. Шайтан баскырдыкы!
Фортто болгонума мына үч айга жакындап калды. Балким аерден кандайдыр бир
солдат досумду учуратармын. Мына ошондо ичебиз! Ырас эмеспи, Тара?
Ит тумшугун көтөрүп, жооп кайтаргандай мурдун тартып койду.
— Азыр да тамагымды кичине суулап койсом, жаман болбос эле — деп, гальвеец
сөзүн улантты да, чоң бөтөлкө турган жакты суктана карап: — бирок бөтөлкө бошоюн
деп калыптыр, жаш кожоюн билип коюшу да мүмкүн. Анын үстүнө сурабай ичүү
жакшы эмес. Туурабы, Тара?
Ит тумшугун дагы көтөрүп, дагы мурдун тартып койду.
Гальвеец ордунан туруп, чоң бөтөлкө турган бурчту көздөй басты. Эшикке карай
тике кылчайып, ал бир нече секунда тыңшап турду да, өзүн азгырган идишти көтөрүп
тыгынын алып, бөтөлкөнүн оозун мурдуна алып барып жыттады.
— Шайтан баскырдыкы! — деп жиберди ал эшикке дагы уурдана карап. — Мындай
сонун вискиден ким ичпей тура алат! Кайда кетпеген оокат! Тилимдин учун гана суулап
коеюнчу.
Бөтөлкөнүн оозу эрдине тиер менен чулкулдаган дабыш чыкты.
Кумары кангандай бир нече жолу тамшанып, гальвеец тыгынын тыгып, бөтөлкөнү
ордуна койду да, кайра орундукка келип отурду.
— Э-э, Тара десе, картаң митаам! Бул күнөөгө сен мени азгырдың. Эчтеке эмес,
кожоюн билбейт. Баары бир жакында фортко барып, жаңы запас даярдайт.
Гальвеец бир нече минута унчукпай отурду. Өзүнүн кылган кылыгы жөнүндө
ойлодубу, же жөн эле ичкиликтин таасирине жыргап отурдубу, ким билсин?
Ал бир аздан кийин дагы сүйлөй баштады:
— Бул эмне эле биздин кожоюнду сеттльмент тартат да турат? Жанагы чаар
мустангды кармар менен ошо жакка барам деди эле. Эмне үчүн күтпөгөн жерден ага
чаар ат керек болуп калды? Бул жөнүнөн болгон иш эмес. Ал атты кармамайынча
тынбайм дейт. Экөөбүз бир жыл 'бою ушул жерде соксоюп отуруп калбасак эле
болгону!., Бул ким?
Тара үргөн бойдон эшикти көздөй жөнөдү.
— Фелим! — деген добуш чыкты сырттан. — Фелим!
— Бу кожоюн экен, — деп күңкүлдөдү Фелим ордунан ыргып туруп, иттин артынан
эшикти көздөй кошо жүгүрдү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

VI глава
ЧААР МУСТАНГ
Фелим жаңылган эмес экен: бул анын кожоюну Морис Жеральддын добушу эле.
Эшиктен чыгары менен гальвеец атчан турган мустангерди көрө койду. Тору ат
аябай тердеп, капкара болуп көрүндү; капталы менен мойну көбүктөнүп турду.
Тору ат жалгыз эмес эле. Ээрдин кашына кере тарта байланган лассо менен
туткунга түшкөн жолдошун сүйрөп келди.
Бул өңү-түсү бүтүндөй башка мустанг экен. Прерияда жайылып жүргөн үйүр-үйүр
жылкылардын арасынан да андай түстүү жылкы сейрек учурай турган. Мустанг куду
илбирстей ак чаары бар, кула байтал экен. Анын кооз өңү кылтыксыз сымбаты менен
шайкеш келип турду — өрүшү омоктуу, соору жупжумуру, шыйрагы шыңкыйып ичке,
алма баш, келишкен жаныбар экен.Ушул сулуу байталды кармайм ден, мустангердин үч жолу талыкпай кууганы
оңунан чыккан эмес. Ал төртүнчү жолу гана араң кармады. Жылбышчаак сыйыртмагы
бар чалма менен Морис эң акырында чаар мустангды кармады.
Дал ушул байталды кармайм деп кусадар болгону мустангердин жашырын сыры
бойдон кала берген.
Беш-алты ат кармап келгенде да, кожоюнунун жүрөгү мындай эргип, кубанып
турганын Фелим көргөн эмес эле, Мустангер мындай сулуу жылкыны эч качан
кармаган эмес. Чаар мустангды көргөн кандай киши болсо да суктанбай койбос эле.
— Пай-пай, ура! — деп кыйкырды Фелим калпагын асманга ыргытып, — Ыйык
Патриктин31 өркүнү өссүн, жаш кожоюн акыры чаар байталды кармаган экен! Сулуу
байтал экен да!.. Кожоюндун муну кубалап жүргөнү таң каларлык эмес турбайбы.
Шайтан баскырдыкы? Биздин Баллинаслой ярмаркасында бу байталды кандай баага
болсо да алышар эле. Эх, сулуу жаныбарым! .. Муну каякка байлайбыз? Кашаанын
ичинеби?
— Жок, коркунучтуу, аерден аттар тээп коюшу мүмкүн. Андан көрө бастырманын
астына байлайлы. Мейман дос бастырма ээси катарында Кастро өзүнүн ордун берер,
өзү бир түнү ачык жерде турса эчтеке болбос. Фелим, деги мындай жылкыны сен
көрдүң беле?
— Эч качан, мистер Морис, мындай жылкыны такыр көргөн эмесмин. Адамды
ушунчалык суктандырат, жөн эле жутуп жибергиң келет, бирок байкагын, өзүнү жутуп
коюп жүрбөсүн. Сиз муну али үйрөткөн эмессиз го?
— Жок, Фелим, бош убактым көбүрөөк болгондо үйрөтөм. Муну кадимкидей
үйрөтүш керек. Мындай жаныбарды бузуп коюу абдан коркунучтуу. Сеттльментке
алып барар менен үйрөтө баштайм.
— Сеттльментке качан барган жатасыз?
— Эртең. Таң заардан жөнөшүбүз керек.
— А мына ошонуңуз жакшы экен! Өзүм үчүн гана эмес, мастер Морис, сиз үчүн да
кубанычтуумун. Вискибиз түгөнөйүн деп калганын билесизби? Жанагы журт куруткан
янкилер алдаганга мындай уста болорбу; суу кошуп, анын үстүнө бөксө куюшат экен.
Алардын чоң бөтөлкө вискиси көпкө жетпей турганы таң каларлык иш эмес.
— Виски жөнүндө кайгырба, Фелим. Андагы виски бүгүн да, эртең жолго чыкканда
флягаларыбызды толтуруу үчүн да жетет. Наалыба, досум! Адегенде барып бу
мейманды жайлаштыралы, анан ичкиликтин жаңы запасы жөнүндө сүйлөшө
жатарбыз, өзүңдөн кийин дүйнө жүзүндө эң жакшы көргөнүң ичкилик экенин билем.
— А сизчи, мастер Морис? — деп сурады Фелим куудулдана көзүн кысып.
Мустангер мурутунан күлдү да, атынан ыргып түштү.
Чаар бээни бастырманын астына, а Кастрону даракка байлап коюшту.
Алдан тайып чарчаган мустангер кроватка жата кетти. Ушул талаа жылкысын
кубалап жүргөндөгүсүндөй, ал ууга чыкканда эч качан мынчалык коп жүргөн эмес эле.
Чаар мустангды кармайм деп кусадар болгонунун бир себеби бар болучу; аны Фелим
да, анын сырдана аты — Кастро да — мустангердин өзүнөн башка эч ким билчү эмес.
Бир нече күн аттан түшпөй, акыркы үч күнү чаар бээни тынбай кубалап жүрүп,
аябай чарчаганына карабастан, мустангер уктай алган жок. Ал мурда да бир нече түнү
бою солкулдаган кроватында ары-бери ооналактап, Фелим малайы гана эмес,кожоюнунун тынчы кеткенине Тара деген тайганы да таң калгандай болуп жаман
уктаган эле.
Ал мезгил-мезгили менен ордунан туруп, бир нерсе такыр санаасын
тынчытпагандай, кепеде ары-бери баса баштады.
Ишинин ийгиликтүү болушу көңүлүн тынчытуу ордуна, кайра тескери таасир
кылгандай сыяктанды. Эң кеминде, Фелим ошондой го деп түшүндү. Эмчектеш агасы
болгондуктан пайдаланып, ал мустангер улам ооналактай баштаганда, эмне үчүн
тынчы кеткен себебин билгиси келди.
— Сизге эмне болду, мастер Морис? Себебин айтьь ңызчы мага?
— Эчтеке деле болгон жок, Фелим. А жөнүндө менден эмне сурайсың?
— Кандайча сурабайм? Сиз акыркы жолу сеттльменттен келген күндөн тартып, мен
да кирпик кага элекмин. Сиз ошерге жүрөгүңүздү жоготуп келгенсиз го?.. Негедир
уйкуңуз качты. Ошердегилер айткандай, мексикалык кыз — мучаче жөнүндө эңсеп
жүрбөңүз? Бирок мексикалык кыздар сизге жага койбос.
— Болбогон сөздү койсоңчу, Фелим. Сага дайыма бир деме элестейт да турат.
Андан көрө, мага тамак бер. Таң заардан бери наар ала элекмин. Жей турган эмнең
бар?
— Чынын айтсам, кладовойдогу запастарыбыз анчалык көп эмес. Сиз мустанг уулап
жүргөндөгү үч күндүн ичинде эчтеке кошулган жок. Бугунун бир аз муздак эти,
жүгөрүнүн наны бар. Кааласаңыз, жылытып жиберейин.
— Жакшы болот, күтө турайын.
— Адегенде бир стакан шарап жутуп жиберсеңиз, жакшы болуп жүрбөсүн?
— Болуптур, каршы эмесмин.
— Таза алып келейинби, же суу кошоюнбу?
— Бир стакан грог бер. Бирок булактан жаңы муздак суу алып кел,
Фелим күмүш стаканды алып, эшикке чыкмакчы болгондо, Тара арсылдап үрүп
эшикти көздөй жулунду: Фелим бир аз чочулап эшикти көздөй басты.
Ит үргөнүн коюп, достордун бирөөн куттуктап жаткандай, кубана кыңшылай
баштады.
— Бул картаң Зеб Стумп экен, — деди да Фелим тапшырманы орундатканы кетти.
Бул кепеде турган кишилерге караганда, жаңы келген адамдын кебетеси бүтүндөй
башкача эле.
Ал — бою кеминде алты фут, крокодилдин ийленген терисинен өтүк кийген чымыр
киши экен; бир кезде кочкул сарыга боёлуп, азыр кирден өңү таанылбай калган таар
шымынын багалегин кең кончуна салып алыптыр. Бугунун терисинен тигилген жаргак
көйнөктү жалаң этине, калың материалдан тигилген оңуп кеткен абдан эски жашыл
камзолду сыртынан кийиптир. Козунун жүнүнөн жасалган эски калпак анын жакыр
кийимин толуктап турду.
Зеб Стумптун Түндүк Америкадагы токойлордун аңчылары үчүн каада болгон
мергенчилик жарак-жабдыгы да анын кийминдей өтө жупуну экен. Окчон тоюн, дары
сала турган ийри мүйүздү арчындап байлаган курунун оң жагына кыстарып коюптур.
Камзолунун сыртынан жазы кайыш кур курчаныптыр, курунан бычактын кыны салаң»
дап, сабы бугунун мүйүзүнөн жасалган чоң шамшар көрүнүп турду.
Техастык аңчылардын каадасына каршы, анын кийиминде эч кандай жасалга
көрүнгөн жок. Ар кандай көйрөңдүктү Зеб жаман көрө тургансып, бардыгы жөнөкөй,
одоно иштелиптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Кала берсе мылтыгы — анын кесибинин негизги куралы да — эң жөнөкөй иштелген
экен. Мылтыгынын узундугу ушунчалык экен, жерге койгондо анын оозу кожоюнунун
ийнине жетип турду.
Өңүнө караганда Зеб Стумп элүүгө келип калган көрүнөт. Өңү кара сур болгону
менен адеп караганда кебетеси каардуу сыяктанды. Бирок жакшылап карасаң, бу
кишинин анча-мынча куудулдук жайы бар экенин сезе баштайсың. Бүтүйгөн көзүнүн
жылтылдап, кыбыңдаганы картаң мергенчинин тамашаны түшүнө турганын, өзү да
тамаша кыла билгенин айтып турду.
Кай жерлик болосуң деп сураганда, ал дайыма:
«Туулуп өсүп, тарбия алганыма караганда, кентуккилик болом», — дей турган.
Зеб Стумп Кентукки штатында туулуп өскөн, жалаң
гана мергенчилик менен оокат кылып, жаш чагын ылдыйкы Миссисипинин кол
тийбеген токойлорунун арасында өткөргөн. Эми, картая баштаганда, ошол эле кесибин
таштабай, түштүк-батыш Техастын чытырман токоюнда мергенчилик кылып жүрдү.
Тара улам-улам секирип, эски мергенчини итчесинен куттуктай берди. Зеб Стумп
менен иттин кожоюну эски дос экени адегенде эле байкалды.
— Амансызбы? — деди Зеб лакыйган денеси менен кепенин эшигин тороп.
— Саламатсызбы, мистер Стумп, — деди кожоюн меймандын алдынан утурлай
туруп. — Келиңиз, отуруңуз.
Мергенчи маалкаткан жок; босогодон аттап, солкулдап турган орундукка келип
олдоксон отурду. Орундук ушунчалык жапыз эле, Стумптун эки тизеси ээгине тие
түштү, мылтыгынын узун сөңгөгү куду найза сыяктанып, анын башынан бир нече фут
сороюп чыгып турду.
— Каргыш тийгирдин орундуктары! — деп күңкүлдөдү мергенчи өзүнүн ыңгайсыз
отурганына көрүнөө нааразы болуп. — Мындан көрө, дөңгөчкө отурсаң, канчалык
жакшы: жок дегенде, астыңдагы орундуктун солкулдаганын сезбейсиң.
— Биякка отуруңуз, — деди кожоюн бөлмөнүн бурчун дагы жагданды көрсөтүп. —
Биерде солкулдабайт.
Картаң Зеб экинчи айттырбай эле, жагдандын үстүнө барып отурду.
— Каадаңызча жөө келдиңизби, мистер Стумп?
— Жок, картаң бээни жетелей келдим; аны даракка байлап койдум. Мен аң
уулаганым жок.
— Сиз, калыбы, ууга эч качан атчан чыкпасаңыз керек, ыраспы?
— Ат минип ууга чыккандай акмак белем.
— Бирок Техастагылардын баары эле ууга атчан чыгышат экен го.
— Баарыбы, жокпу, атчан аң уулоо акмактардын, жалкоо кеңкелестердин салты.
Картаң бээге минип, бир жума бою аң уулагандан көрө, жөө жүрсөм, бир күндө
илбээсинди алда канчалык көп атам. Албетте, сиз сыяктуу мустанг уулагандар үчүн ат
керек. Бирок аюуну, бугуну же жапайы күрптү тооруп калсаң, аларды ат менен үркүтүп
жиберүүгө гана болот. Аткан илбээсиндерди артуу үчүн гана картаң бээмди жетелеп
жүрөм.
— Бээңизди ачык жерге койдум дедиңизби? Фелим аны бастырманын астына
байлап койсун. Биздикине конуп кетесиз го?
_ Ыракмат, Чынымы айтсам, сиздин меймандостугуңузга ишендим эле. Менин
бээм жөнүндө кайгырбай эле коюңуз: жакшылап байладым.
— Тамак жегиңиз келбейби? Фелим дал кечки тамакты даярдап жатты эле. Кап,
бугунун этинен башка сыйлагандай эчтемем жок.
— Бугунун этинен жакшы эмне болмок эле? Аюунун эти дебесеңиз эле. Этти чокко
кактап жиберели, бышырууга мен жардам берейин. Мистер Фелим, эгер
кыйналбасаңыз, менин бээме барып, жапайы күрптү алып келиңизчи — ээрдин
кашында байлануу турат: жолдо келатып атып алдым эле.
— Сонун болбодубу! — деп жиберди мустангер. — Биздин запастарыбыз түгөнөйүн
деп калды. Акыркы үч күндүн ичинде бир сейрек жолугуучу мустангды кубалап жүрүп,
колума мылтык алган жок элем. Фелим экөөбүз тең, Тара да ошол күндөн бери
ачкабыз.
— А кандай мустанг? — деп кызыгып сурады мергенчи, анын акыркы сөзүнө көңүл
бурбай.
— Ак ала чаары бар кула бээ. Эң сонун жылкы.
— Шайтандыкы! Мени биерге айдап келген жумуш дал ошол болчу!
— Ошондойбу?
— Прериядан мен ал мустангды бир нече жолу көргөм. Бээ дейсизби? Бээ экенин
билген эмесмин, ал мени жарым милядан жакын жолоткон эмес. Мен сизди дал ошол
бээни кармоого аракеттенип көрсүн дедим эле. Эмне үчүн экенин айтып берейин.
Экөөбүз баягы акыркы жолу көрүшкөндөн кийин мен Леонадагы сеттльментте болгом.
Ошо жерге бир киши келди, аны мен тиги Миссисипиде эле билчүмүн. Ал абдан бай
плантатор. Ал кең-кесири туруп, чоң тойду көп бергенинен атагы чыккан киши. Анын
ашканасы үчүн далай бугу менен күрптөрдү алып келгем, Анын аты Пойндекстер.
— Пойндекстер дейсизби?
— Ооба. Анын атын Орлеандан тартып, Сан-Луиге чейин Миссисипинин
боюндагылардын баары билет. Ошо кезде ал бай эле, азыр да кедей көрүнбөйт;
себеби, өзү менен бирге жүзгө жакын негр алып келди. Андан тышкары, доллары көп
Кольхаун деген жээни аны менен бирге турат; ал жигит долларды таекесине карыз
бергенден башка, кайда коймок эле, бере турган себеби да бар окшойт. Эми, досум,
эмне үчүн сизди көргүм келгенин айтып берейин. Жанагы плантатордун Кольхаун
ашык болгон жалгыз кызы атты өлгүдөй жакшы көрөт экен. Луизианада кыз жанына
адам жолотпогон азоо аттарды минчү. 9 Чаар мустанг жөнүндө чалга сүйлөп
жатканымы кызы угуп калган. Ошо күндөн тартып, кыз атасына тынчтык бербейт; атасы
да ошол атты кармаган кишиден акча ая- бай, сатып берейин деп кызына убада
кылыптыр. Чал ат үчүн эки жүз доллар берем дейт. Албетте, сеттльменттеги
мустангерлердин бардыгы ал жөнүндө угаары менен эле ; мустангды кармоого
киришет; ошондуктан эч кимге оозуман чыгарбай, картаң бээм менен бул жерге
келдим.
— Бери жүрүңүзчү, мистер Стуми. — Ирландиялык жигит ордунан туруп, эшикти
көздөй басты.
Күтпөгөн жерден чакырганына бир аз таң калып, мергенчи анын артынан ээрчиди.
— Жанагы сиз айткан мустангга ушул ат окшош бекен, — мистер Стумп?
— Дал ошол мустангдын өзү болбосо, турган жеримде мүрт кетейин! Бүттү,
кармалган экен? Эки жүз доллар сиздики болду? Шайтандыкы, бул ат ошол акчага
татыйт! Мындай кооз жаныбар болорбу! Мисс Пойндекстер үчүн ашкан кубаныч болот
экен! Кубанганынан кыз жинди болуп кетпесе эле болгону!

4 Серапэ — индеецтердин чаарала шалы жоолугу.
5 Ягуар — жолборс сыяктуу, бирок андан кичирээк жырткыч.
6 Иммигрант — түбөлүк туруу үчүн башка өлкөдөн көчүп келген киши.
7 Плантатор — капиталисттик өлкөлөрдөгү ири чарбасы бар капиталист.
8 Панама — хурма жалбырагынан токулган калпак.
9 Волонтер — өз эрки менен аскер кызматына кирген киши.
10 Креолдор — Америкага алгач көчүп барган француздардын же испандыктардын ата-бабалары. Алар
өздөрүнүн улуттук тилин, салтын сактап келатышат.
11 Ярд — англичандардын узундук өлчөмү, 0,9 метрге барабар.
12 Ландшафт — бир жердин жалпы көрүнүшү.
13 Форт — чеп, сепил.
14 Лассо — чалма {кыл аркан).
15 Саламатсызбы, кавальеро! Сиз мексикалыксызбы?
16 Ранчеро — мал чарбасы менен тиричилик кылган киши.
17 Мастер — (көбүнчө: «масса» деп негрлер аташат) — кожоюндун, төрөнүн баласы; «кожоюн» деген
мааниде да айтылат.
18 Плуто — (англисче — плутон) — байыркы грек мифологиясындагы тозоктун кудайы.
19 Прозерпина — тозоктун кудай энеси.
20 Мустангер — жапайы жылкыны, мустангдарды уулаган киши.
21 Рио-де-Нуэсес — испанча «Жаңгактуу дарыя» деген сөз.
22 Юкка — сөңгөгү жыгачтай болгон эбегейсиз зор лилия.
23 Команчи — индеецтердин жоокер уруусу. Команчи — индеецтердин жоокер уруусу.
24 Фукиера (Fouquera Splendens) — Мексика менен Техастын сабагы бийик, кызыл, чоң гүлдөрү бар өсүмдүгү.
25 Квели — Америкадагы чулдуктун аты.
26 Оцелот — Мексикадагы жапайы мышык, мадыл.
27 Пума — (кугуар) — Америкадагы ири жапайы мышыктын бир түрү.
28 Маркитант — аскер кишилерин тамак-аш менен жабдый турган майда соодагер.
29 Акр — Америка менен Англияда 4047 чарчы метр келген жер.
30 Сеттльмент — колониячылардын кыштагы.
31 Ыйык Патрик — Ирланднянын колдоочусу деп эсептелген.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

VII глава
ТЫНЧЫ КЕТКЕН ТҮН
Чаар мустанг кармалды деген капылес кабар картаң мергенчинин көңүлүн аябай
көтөрдү. Анын көңүлүнүн көтөрүлүшүнө түпсүз чоң бөтөлкөнүн ичиндеги нерсе да бир
кыйла себеп болду; Фелимдин чочулаганына карабастан, бөтөлкөдөн жетишкидей
виски табылды.
Тамак ичип отуруп, сүйлөшкөн сөздөрү көбүнчө аң уулоого жана индеецтер менен
болгон окуяларга тиешелүү болду.
Зеб Стумп аң уулоону эң жакшы билгендиктен, баарынан анын көп сүйлөгөнү таң
каларлык эмес. А Фелим болсо өзүнүн таңыркаганын анда-санда гана угуза айтып коюп
отурду.
Бирок маектешүү түн ортосу боло электе эле бүттү. Сыягы, бошогон чоң бөтөлкө
маектешип отургандардын дем алуу жөнүндө ойлошуна көбүрөөк себепкер болгон
өңдөндү.
Мергенчи бээсин аркандады да, анын бирден-бир төшөнчүсү болгон ээриндеги
саргайган эски одеялын алды.
— Менин кроватыма жатыңыз, — деди кожоюн ага, — мен ат талпакты төшөнүп,
жерге жатайын.
— Жок, — деп жооп кайтарды мейман. — Зеб Стумп жатып уктаганга сиздин
текчелериңиздин бирөө да жарабайт. Мен жерде уктаганды жакшы көрөм, жерде
жатсам, уйкум жакшы канат. Анын үстүнө жыгылып кетемби деп коркпойм да.
— Жакшы көрсөңүз, жерге жатыңыз; мына бу жер жакшыраак болор. Жылкынын
талпагын төшөн берейин.
— Теңир жалгасын, жигит, бекер убара болбоңуз. Мага окшогон азаматтар жерге
жатып көнбөй коймок беле. Мендей кишинин төшөгү — прериянын көк чөбү.
— Ачык талаага жатмакчы болдуңузбу, — деп таң калды мустангер одеалын
ийнине салып, эшикти көздөй басып бара жаткан мейманды көрө коюп.
— Ооба, андан башка жерге жатайын деген оюм да жок.
— Түндө суук болот, үшүп калып жүрбөңүз.
— Болбогон кен. Сасыган үйдө жаткандан көрө, үшүгөнүм артыгыраак.
— Чынын айтып жатасызбы, мистер Стумп?
— Жаш жигит! — деди мергенчи демеленип, — Картаң Зеб Стумп кийинки алты
жылдын ичинде бир жолу да тамга кирип жата элек. Эски анжырдын дүмүрүндө бир
кезде менин үйгө окшогон үңкүрүм бар эле. Ал бечара кемпирим тирүү кезинде
Миссисипиде болчу; аны кемпирим үчүн баш маана кылып жүрчү элем; кемпир
өлгөндөн кийин адегенде Луизианага, анан буерге келдим. Ошондон бери
күндүр-түндүр мааналаган үйүм — Техастын көпкөк асманы.
— Эгерде тышка жатууну артыгыраак көрсөңүз...
— Ооба, артыгыраак көрөм, — деп мергенчи кыска жооп берди да, босогону аттап,
кепе менен суунун ортосундагы чөбү көгөргөн жерди көздөй басты.
Анын колунда жалаң эски одеялы гана эмес, узундугу алты-жети ярд келген,
жылкынын кылынан эшилген аркан да бар эле. Ал жөн эле жайытка жылкы аркандай
турган гана аркан болучу, бирок азыр ал башка максат үчүн колдонулду.
Айдын жарыгында чөбү көгөргөн жерди кунт коюп карап, мергенчи алкакка
окшотуп арканды жерге тегерете керип койду.
Аркандын ичине кирип, одеялын оронуп, Зеб Стумп камырабай жатты да, бир
минутада уктап кетти.
Бирок ага көпкө чейин уктоого туура келген жок. Таңыркаган эки көз мергенчинин
ар бир кыймылын карап турду: ал караган Фелим О'Нилдин көзү эле.
— Ыйык Патрик, — деп кобурады ал, — бул эмне кылганы? Чал эмне үчүн өзүн
тегерете арканды керип койду?
Адегенде гальвеецтин сонуркаганы сылыктык сезими менен күрөштү, бирок кийин
сонуркап кызыкканы жеңип кетти. Мергенчи коңурук тартып уктай баштаганда,
гальвеец уурдана басып келди да, кызыккан суроосуна жооп алганы аны тарткылап
ойгото баштады.
— Жерге кирген ирландиялык эшек! — деп Стумп ачуулана кыйкырды. — Мен таң
атып калган экен десем... Арканды эмне үчүн тегерете керип койду дейсиңби? Өзүмдү
ар кандай ыпластан сактоо үчүн кербегенде, эмне кылмак элем?
— Ыпластан дейсизби, мистер Стумп? Айтайын дегениңиз — жыландан сактануу
үчүн го?
— Албетте, жыландан, шайтан алгыр! Бар, уктагын.
Андай кагуу жегенине карабастан, Фелим көңүлү жайланып, кепеге кайра келди.
«Техаста жылан индеецтерден бетер көкөйгө тийди, — деп ал өзү менен өзү сүйлөшүп,
улам күңкүлдөй берди. — Ушерге келгенимен бери бир жолу да жаным жай алып тынч
уктай элекмин. Ойлогонуң да, түшүңө кирген да жылан. Атаганат, тиги дүйнөгө кетер
алдында ыйык Патрик ушерге келип кетсе болмок экен!»
Жалгыз кепеде туруп, Фелим эч ким менен жолугушпай, кыл аркандын сыйкырдуу
касиети жөнүндө билчү эмес эле.
Бу жаңы эле көрүп, билгенин ал ошол замат пайдалангысы келди. Уктап калган
кожоюнун ойготпоюн деп, үйгө уурдана басып кирип, Фелим дубалда илинүү турган
кыл арканды алды да, эшикке чыгып, дубалды бойлото арканды тегерете керип койду.
Ошол жумушун бүткөндөн кийин ирландеец кепенин босогосунан аттап ичинен
кобурай баштады: , — Акыр-аягы Фелим О'Нил тынч уктайт экен, Техаста жылан миң
сан болсо да, баары бир.
Ошондон бери аздан кийин кепеде жымжырт болуп калды. Ыйык Патриктин
жердеши эми жыландан коркпой, жылкынын талпагына керилип жатып, ошол замат
уктап кетти.
Тара менен жаңы кармалган мустангды кошо алганда түнкү дем алууда бардыгы
бир кыйлага чейин жыргап жаткандай сыяктанды. Стумптун от жерде ширелүү чөптү
оттоп жүргөн картаң бээси гана тынчтыкты бузуп турду. ,
Бирок көп узабай эле, картаң мергенчинин уктабаганы ачык билинди. Кандайдыр
эсинен чыкпай тажаткан ой-уйкусун алгансып, ал улам-улам оонап, тынч жата албады.
Ооналактаганынан акырында чыдай албай, Стумп одеялын алып таштап, туруп отурду
да, эки жагын кыжырлана карады.
— Жанагы жерге кирген ирландиялык акмакты кара! — деп тиштенип күбүрөдү ал.
— Атаңа наалат, уйкуму качырып жиберди! Аны тиги өзөн сууга ыргытып жибериш
керек эле. Кожоюнун сыйлаган үчүн гана ошенткеним жок. Сыягы, таң аткыча уктай
албайт окшойм.
Ушинтип кобурап, мергенчи одеялын чүмкөнүп, кайра дагы жатты.
Бирок уктай алган жок. Ал дагы ооналактап, акырын- да ордунан туруп сөгүнүп
жиберди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Ал 20 футтай32 жерден кандайдыр сойлоп келаткан ичке, узун жыланды көрө
койду.
— Жылан! — деп күбүрөдү ал ышылдагыч сойлоп келаткан жыланга көзү түшүп. —
Кызык, кандай жылан болду экен? Ышылдагыч жылан десем, өтө чоң. Ырас, бул
жерлерде чоңдугу ушундай келген мекиян жыландар да кезигет. Жок, ал эмес экен...
А-а, түшүндүм. Бул «мекиян» экен, жумуртка издеп жүргөн турбайбы. Атаны оңбогур
ай-я! Тике эле мени көздөй сойлоп келатат.
Анын корккону сөзүнөн сезилген жок. Зеб Стумп кыл аркандан жыландын сойлоп
өтпөй турганын, арканга келип тиери менен, отко келип урунгандай кайра качарын
жакшы билчү. Эң ашкан уулуу жылан болсо да, мергенчи ал душмандан коркпой,
тегерете керилген аркандын ичинде камырабай уктай бере турган. Бирок бу жылан
уулуу жылан эмес. Ал жөн эле эч кимге тийбеген, элдин фантазиясы «мекиян» деп ат
койгон жыландардын бир түрү болчу.
Зебдин кызыкканы өңүнөн байкала түштү. Кыл арканга жетери менен «мекиян»
башын көтөрүп, арканга тумшугун тийгизди да, ошо замат бура тартып, кайра сойлоп
кетти.
Анын кандайча сойлогонун мергенчи кызыгып карап турду.
— Бечара макулук! Өзүнчө сойлоп артына кетсин, Ырас, бул күрптүн
жумурткаларын соруп жеп, күрптөрдүн тукумун азайтат; бирок анын жей турган
бирден-бир тамагы ошол; мен анын эмнесине ачууланмак элем. Бирок
жанагы ант урган акмакка куйкам жаман курушуп турат. Ошонун жазасын берер элем...
Болду! Куп гана ойлоп таптым!
Ушинтип айтар менен картаң мергенчи ордунан ыргып турду да, сойлоп бараткан
сары жыланды көздөй жүгүрдү.
Бир паста сары жылан анын колунда бултактап жатты.
— Кош, мистер Фелим, — деп жиберди Зеб, — эми көрүп алгын. Суу жүрөк
шордууну эми таң атканча уктатпайм... Сен аны уктаттырбайсыңбы, «мекиян»?
Ошентип, мергенчи кепени көздөй басты. Акырын барып, Фелим өзүнүн жаткан
жерин кылдаттык менен тосуп койгон кыл аркандын ичине сары жыланды кое берди.
Мергенчи көк чөптөгү ордуна кайра келип, одеялын чүмкөндү да, өзүнчө
кобурады:
— Эгерде бул жылан жарым сааттан кийин жанагы арландиялык акмактын
койнуна сойлоп кирбесе, Зеб Стумп, мен өзүм акмак болгонум... Токто! Бу эмне?
Шайтан алгырдыкы, сойлоп кирип барды го?
Аңгыча болбой, чыңырган добуш угулду, анын чыңырганы бир нече миля жердеги
жан-жаныбарды ойготушу 'мүмкүн эле.
Адегенде кыйкырык, тагыраак айтканда, өкүргөн добуш угулду, андай добуш
Фелим О'Нилдин көмөкөйүнөн гана чыга алат эле. Анын өкүргөнүнө кошулуп,
айбанаттар да чуу салды. Фелимдин өкүргөнү иттин улуп, жылкынын кошкуруп,
кишенегени менен аралашып кетти.
— Эмне болду? — деп сурады кожоюну кроваттан секирип туруп, жүрөгү түшкөн
жигитин көздөй басып. — Сени кандай шайтан сайды? Эмне, түшүңө арбак кирдиби?
— О, мастер Морис, андан да жаман! Мени жылан чакты. Бүткүл денемди сойлоп
чыкты!.. Ыйык Патрик, мен шордуу өлгөн экемин! Азыр өлөт окшойм.
— Жылан чактыбы? Кана, көрсөтчү? — деп сурады Морис шашыла чырак жагып.
Ошол арада кепеге кирип келген мергенчи менен кошо, ал Фелимдин денесин
карай баштады.
— Жылан чаккан эч кандай белги жок го, — деп сөзүн улантты мустангер
жигитинин денесин нары оонатып, бери оонатып, бүт карап чыккандан кийин.
— Эч кандай так да жок, — деп койду Стумп.
— Чакпаптырбы? Жылан бүткүл денемди сойлоп чыкты. Жыландын муздак
денесин азыр да сезип турам.
— А биерде деги жылан болгонбу? — деп сурады Морис; анын шектенгени үнүнөн
байкалып турду: — Фелим, жөн эле түшүңө киргендир?
— Кайдагынын түшү, мастер Морис! Кадимки эле жылан болучу. Жылан экени чын,
ишенип коюңуз.
— Жылан болсо болгондур, — деп сөзгө кийлигишти мергенчи. — Азыр карап
көрөлү, болсо табылар. Үйүңөрдү айландыра кыл аркан жатпайбы, бул аркандан
жылан кандайча сойлоп өтөт?.. Токто, тигине! — деп, мергенчи бөлмөнүн бурчунда
ийрилип жаткан жыланды көрсөттү.
— Бу кадимки эле «мекиян» турбайбы! — деп сөзүн улантты Стумп. — Бул
көгүчкөндөн коркунучтуу эмес. Мындай жылан чакпайт, бирок баары бир азыр
жазасын беребиз, — деди да, мергенчи сары жыланды шап кармап, бийик көтөрүп
туруп жерге бир урду. Жылан сулк жатып калды.
— Мына эми бүттү, мистер Фелим, — деди ал. Зеб жыландын башын чоң өтүгүнүн
такасы менен былчыйта басты. — Эми жаткын да, таң атканча камырабай уктай бер,
эми сага эч кандай жылан жакын жолобойт.
Өлгөн жыланды буту менен шилеп, кыбыңдап күлүп, Зеб Стумп кепеден чыгып
кетти. Көк чөпкө залкыйган боюн суналтып үчүнчү жолу жатты да акырында уктап
кетти.

32 Фут — 30,4 сантиметр.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

VIII глава
МИҢ АЯК
Жыланды өлтүрүшкөндөн кийин баары тынчып калды Фелимдин өкүргөнү менен
кошо иттин үргөнү да токтолду. Мустангдар да дарактардын көлөкөсүндө ылаалап
турат.
Кепеде да жымжырт эле: кээде гана кыл аркандын дабаа болоруна ишенбей,
гальвеец мустангдын талпагында ооналактай берди.
Кепенин сыртында да жым-жырт эле. Бир гана добуш тымтырстыкты бузуп турду.
Ал добуш крокодилдин анча-мынча кышылдаганына, баканын чардаганына
анча-мынча окшоду. Ал добуш Зеб Стумптун таноосунан чыгып жаткандыктан, уктап
жаткан мергенчинин коңурук тартканынан башка нерсе болушу мүмкүн эмес эле.
Бул концерт бир саатка жакын созулду.
— Жан соога, өлүп баратам! — деп кыйкырды гальвеец күтпөгөн жерден, кепедеги
кожоюнун гана эмес, эшикте жаткан мейманды да уйкудан ойготуп. — Кудай эне!
Күнөөсү жок бечарага жардам кыла көр! Жанымды сакта! — Жанымды сакта!
— Сени сакташ керекпи? Кимден? — деп сурады Морис Жеральд кроватынан
секирип туруп, шашыла чырак жагып. — Эмне болуп кетти?
— Башка жылан экен, урматтуу төрөм. Ох! Кудай урсун, анык кара чаар жылан,
жанагы мистер Стумп өлтүргөн жыландан чоңураак. Бүткүл төшүмдү чагып таштады.
Бирөө ысык темир менен куйкалап жаткансып, бүткөн боюм өрттөнүп баратат.
— Кара жерге кир! — деп кыйкырды Зеб Стумп одеялын ийнине салып, эшиктен
кирип келатып. — Келесоо, мени экинчи жолу ойготтуң! Жаман көрбөңүз, мистер
Жеральд. Менимче, бардык өлкөлөрдө, — Америкада да Ирландияда да акмактан көп
эме жок, бирок мына бул келесоо немеңиздейди эч жерден көргөн эмесмин. Барып
турган балээ экен! Муну өзөн сууга алып барып салбасак, бүгүн уктай ала турган
эмеспиз.
— Ох, мистер Стумп, ардагым, антип айтпаңызчы! Кудай урсун, буерде дагы жылан
бар. Ушул үйдүн ичинде экенине көзүм жетип турат. Денемден сойлоп өткөнүн
мындан бир эле минута илгери сездим.
— Сыягы, түшүңө кирген окшойт, — деди мергенчи, мурдагысынан кичине
сылыгыраак, көбүрөөк ишенген кыяз менен. — Техастын бир да жыланы бул кыл
аркандан сойлоп өтпөй турганын сага айтпадымбы. Жанагы мурунку жылан кепеге сен
аркан жая электе кирип калган го. Кантип эле эки жылан катары менен кирип келсин.
Азыр билебиз.
— Өх, жардам кылгыла, өлүп баратам! — деп кыйкырды ирландиялык көйнөгүн
денесинен шыпырып. Мына жыландын изи. Дал кабыргаман сойлоп өтүптүр. Же калп
айтып жатамбы? О, кудурети кең кудай, эмне болор экемин? Жөн эле отко түшкөн
эмедей күйүп баратам!
— Жылан! — деди Стумп үрөйү учкан гальвеецтин жанына келип, чыракты анын
төбөсүнө кармап, — Чын эле жылан! Оңбоюн, бул жылан эмес! Андан да жаманыраак!
— Жыландан да жаман бекен? — деп чаңырды Фелим, үмүтүн үзгөндөй.
— Жыландан жаман дейсизби, мистер Стумп? Сиздин оюңузча андан да
коркунучтуубу?
— Кандай десем... Бардыгы жакын жерден дары боло турган чөптү табамбы,
жокпу, ошого байланыштуу. Эгер- де андай чөп табылбаса, анда мен.. жооптуу боло
албайм.
— О, мистер Стумп, коркутпаңызчы!
— Эмне экен? — деп сурады Морис, адегенде эле Фелимдин төшүнөн, бирөө ысык
шибеге менен жанып өткөндөй, кызарып турган темгилди көрө коюп, — Деги бул
эмне? — деп сурады, таң калгандай такты мергенчи кунт коюп карап жатканын байкай
койгондо мурдагысынан бетер чочулап. — Деги мындай эмени көргөн эмесмин.
Мындан сиз чоочуп жатасызбы?
— Абдан, мистер Жеральд — деп жооп берди Стумп, мустангерди кепенин эшигине
эрчитип чыгып, Фелимге угузбай шыбырап сүйлөдү.
— Деги бу эмне болуптур? — деп кайра сурады жүрөгү элеп-желептенген Морис.
— Миң аяк сойлоп өтүптүр.
— Уулуу миң аякпы? Ырас эле миң аяк чагыптырбы? — Жок, менимче чаккан жок.
Анын чагышынын кереги да жок. Миң аяктын сойлоп өткөнүнөн да киши өлөт.
— Жараткан кудай! Ырас эле ушунчалык коркунучтуубу?
— Ооба, мистер Жеральд, ушундай так менен нечен мыкты киши тиги дүйнөгө
кеткенин өз көзүм менен көргөм. Тезирээк жардам бериш керек, болбосо эти аябай
ысыйт да, кутурган ит капкандан бетер акылынан танып калат. Эмне кылууга болорун
тапканымча, оорулуу кишини коркутпоо керек. Бул жерлерде бир өсүмдүк бар. Эгер
ошол чөптү тапсам, Фелимди айыктыруу анчалык кыйын болбойт. Кап, ай да батып кетиптир, эми кармалап-сыйпалап жүрүп табышым керек. Тиги жарда андай дары чөп
көп болорун билем. Сиз барып, тиги жигиттин көңүлүн жубатыңыз, эмне кылууга
болорун карап көрөйүн. Азыр эле кайра келем.
Берки экөөнүн сыртка чыгып, шыбырашып сүйлөшкөнү Фелимдин кутун учурду.
Картаң мергенчи дары чөптү издегени кетер менен гальвеец өкүрүп-бакырып
кепеден чыга качты. Морис алышып жатып, жигитин зорго тынчытты.
Аңгыча болбой, Зеб Стумп келип калды. Тегиз катар, жыш тикенеги бар көк-жашыл,
сүйрү бир нече жалбыракты картаң мергенчи оң колуна кармап кирди. Морис ал
өсүмдүктүн жалбырагын көрөр замат тааныды; ал өсүмдүктү cactiз ogegano33 деп
аташа турган.
— Коркпогун, мистер Фелим, — деди картаң мергенчи кепенин босогосунан аттап,
— эми коркунучтуу эч нерсе кок. Мына бул жалбыракты таап алып келдим, азыр эле
каныңдан ысыктын баарын соруп чыгарат. Деги өкүргөнүңдү койчу! Дарыянын
боюндагы жыйырма милядай жердеги жан-жаныбарлардын баарын чочуттуң. Минтип
өкүрө берсең, команчилердин баары биерге келет, алардын келгени миң аяктан да
жаман болот. Мистер Жеральд, мен бу өсүмдүктү эптегенче, байлай турган чүпүрөк
даярдап жибериңиз.
Адегенде мергенчи жалбырактан тикенектерин бычак менен алып таштады. Анан
жалбырактын кабыгын сыйрып, кактусту калың кылып тилди да, Фелимдин денесинин
бөртүп чыккан жерине жаап койду; анан мустангер даярдаган таза чүпүрөк менен
байлап салды. Зеб ойлогондой, миң аяк сойлоп өткөндүктөн эмес, уктап жаткан
гальвеецтин денесин миң аяк уулуу оозу менен миң жолу соруп өткөндүктөн эле.
Кактус бат эле таасир кылды, кактустун ширеси миң аяктын уусуна жакшы дабаа
болот. Бир аз тынчый түшкөн Фелим бат эле уктап кетти. Дармекчи миң аякты из- деп
таба албай, жаткан жерине кайра келди да, таң атканча камырабай уктады.
Таң куланөөк болор менен, үчөө тең турду. Күрптүн куурулган этин жегенден кийин
Фелим сопсоо болуп калды. Картаң мергенчи менен кошо прерия аркылуу алып өтүүгө
ал жапайы аттарды даярдай баштады. Ошол арада Морис өзүнүн атын токуп, чаар
бээни камдап койду. Сулуу туткунга ал бөтөнчө көңүл бурду. Чаар бээнин куйрук-
жалын жакшылап тарап, жүнүндөгү баткакты тазалап чыкты; бээнин денесине
чачыраган баткактан аны чалма менен камоо оңой болбогондугу көрүнүп турду.
— Тим эле коюңуз, — деди Зеб мустангердин бекер убара болуп жатканын
таңыркап карап. — Куру эле убара болосуз. Вудли Пойндекстер айткан сөзүнөн танчу
кишилерден эмес. Эки жүз доллар аларыңыз шексиз, менин атым Зеб Стумп болгону
чын сыяктуу, анын берери да чын. Шайтандыкы, ошол акчага татый турган мал экен!
Морис эчтеке деген жок, бирок мыйыгынан күлүңдөгөнүнө караганда, чаар
мустангга анын кай себептен бөтөнчө көңүл бурганын Зеб Стумп такыр түшүнбөй
калганын билүүгө болот эле.
Сулуу туткунду кыл аркан менен жетелеп, бир саат өтпөстөн Мустангер тор аты
менен жолго түштү. Калган мустангдар Фелимдин артынан желип отурду. Зеб Стумп
картаң бээси менен алардын артынан зорго үлгүрүп баратты.
Тикенектүү чөптөн сактанып басып, алардын артынан Тара жортуп отурду.
Кепени кайтарганы эч ким калган жок: прериянын төрт аяктуу жаныбарлары
кирбесин деп, жылкынын териси капталган каалганы гана жаап коюшту. Бир кыйлага чейин созулган тымтырстыкты анда-санда үкүнүн кыйкырганы, пуманын улуганы, ач
карышкырдын уңулдап улуганы гана бузуп турду.

33 Кактустун бир түрү.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

IX глава
ЧЕК АРАДАГЫ ФОРТ
Инж фортунун төбөсүндө жылдыздары бар желек флагштокто желбирейт; анын
калкылдаган көлөкөсү өзүнчө бир таң калардык панорамага түшүп турат.
Бул анык чек арадагы чала-була аскердик, чала-була граждандык жарым-жартылай
жапайы, жарым-жартылай маданияттуу турмуштун көрүнүшү эле.
Ар түрдүү кийим кийген, түсү ах, түсү кара, коомдо ар түрдүү даражада турган, ар
түрдүү кесип кылган кишилерди дал ушерден көрөсүңөр.
Форттун кебетеси да кандайдыр бөтөнчө. Аерде каземат да, жашырын жол да, аң
да, гласис34 да — сепилге окшогудай такыр эчтеме жок. Эки жүз жылкы баткыдай
аткана тропиктеги алгаробанын сөңгөгүнөн жасалган жөнөкөй кашаа менен тосулуп
коюлган. Кашаанын теребелинде кадимки эле чырпыктан өрүлүп, ылай менен
шыбаган, жөнөкөй архитектуранын он чакты курулушу бар; ал үйлөрдүн эң чоңу —
казарма. Алардын ары жагында госпиталь, складдар бар; бир тарабында — абак,
экинчи жагында — тамаккана, офицерлердин квартиралары бар. Ошонун баары
жөнөкөй куралган, бирок жакшы, таза. Дубалдары акиташ менен акталып коюлган.
Инж форту мына ушундай.
Андан арыраак жерде дагы бир топ үй бар: алар форт деп аталган бир топ үйдөн арбын
эмес. Бул үйлөр да Американын желегин маанек кылат; ал үйлөрдүн төбөсүндө
Американын желеги желпилдеп турбаганы менен, ошол желектин аркасында пайда
болуп, доорон сүрүп келатат, Каадада Американын согуштук пунктунун жанында пайда
болуп, кийин өрчүп-өсүп, кичине шаар кээде чоң шаар болуп кеткен поселкалардын
жаңы түшкөн бирөө ушул эле.
Азыркы кездеги поселкада тургандар кимдер: аскер паёгун албаса да кампасында
ичкиликтин запасы бар маркитант: келип-кетип жүргөн арабакечтерди кызыктыруу
үчүн тектирчелерине кырдуу бөтөлкөлөрдү жайнатып койгон, асты тактайсыз болсо да,
таза араккана менен мейманкананын кожоюну: жергиликтүү гарнизондун чөнтөгүн
тазалап туруучу бир топ кумарчы: жыйырма чакты мергенчи, арабакечтер,
мустангерлер, деги кайсы өлкөдө болсо да, аскер кыштагынын жанынан кетпеген
кесиби белгисиз кишилер.
Ушул кичирээк сеттльменттин үйлөрү бир аз ырааттуу салынган. Сыягы, ошол
үйлөрдүн баары бир кожоюндун менчиктүү үйлөрү болуу керек. Ал үйлөр фонарлар
илинип, статуялар тургузулган сквердеги тепселген чөптүн арасында куураган узун
кипарис, дагы бир нече түп бадалдын айланасында турат.
Ушул жерге келгенде Леона бир аз кичиреет да, кичинекей өзөн суудай болуп форт
менен поселоктун арт жагынан агат. Анын алды жагындагы чымкый көпкөк жайкалган
тегиз талаа, алыстан дүпүйүп көрүнгөн токойго барып жетет: килейген эмендер, жаңгак
жыгачтар, кара жыгачтар, кактустун тикенектүү бадалдары жана дагы эч бир ботаникке
белгисиз, сойлоп, чырмалып чыккан мите — өсүмдүктөр менен жанталашып өсөт.
Түштүк-чыгыш жактагы жээктин плантацияларында чарбактуу бирин-серин үйлөр бар.
Ал үйлөрдүн кай бирөө жакында эле, эч кандай стилсиз салынып, кай бирөө обу жок
кооздолуп, небак салынган окшойт. Ошол үйлөрдүн бирөө — төбөсү жалпак, аркайган брустверлери, үч тарабынан көгөргөн токойдон жаркырап даана көрүнгөн ак
дубалдары бар, өзүнө бөтөнчө көңүл бурдурган чоң имарат. Ал Каса дель-Корвонун
гасиендасы. 35
Мына эми сол жакка бурулсаңар, дөмпөйгөн жалгыз боз бөлтөк көрүнөт. Түз
жерден ал бир нече жүз фут бийиктикте турат. Анын ары жагынан түнөргөн асмандан
Гвадалуп тоолорунун ийри-муйру чокулары көрүнүп турат. Бул адам басып чыкпаган
Лано-Эстакадо бөксө тоосу менен бүтүүчү чоку.
Өйдө карасаңар, бирде жашыл, бирде көк асманды көрөсүңөр. Күндүз кылайган
булут жок, таптаза, күндүн алтындай шооласы гана көрүнөт. Түн ичинде таза болот- тон
жасалгандай жылдыздар жылтылдайт, дапдаана көрүнгөн ай, дал күмүш табактай
болуп турат.
Ай менен жылдыз батып, гүлдүн аңкыган жытын айдаган шамал Матагорд
булуңунан соккондо, ылдый жакты карасаңар, кебете-кейпин, өңү-түсүн, кийимдерин
сүрөттөп жазууга мүмкүн болбогон эң эле ар түрдүү кызыл-тазыл кубулушту көрөсүңөр.
Кошмо Штаттардын жөө аскерлеринин көк формасын, драгундардын жашыл
мундирлерин, аткычтардын көк-жашыл кийимдерин көрөсүңөр. Мундирлерин бүт
кийген бир нече дежурный офицерлерди гана жолуктурасыңар. Алардын жолдоштору
бош убактыдан пайдаланып, казарманын жанында же бастырма-аткананын
тегерегинде кызыл фланель көйнөк; жумшак калпак, тазаланбаган өтүк кийип,
ары-бери басып жүрүшөт.
Офицерлер такыр аскерче кийинбеген кишилер менен сүйлөшүп турушат. Алар —
бугунун терисинен кийим, ошондой эле крага кийген мергенчилер; койчулар,
мексикалыктарча кийинген мустангерлер, ийнине кыл аркан салып, көлбөөргөн шым,
жылтылдаган кара калпагын — сомбреросун бырыштырып кыйгач кийген
мексикалыктар. Соода иштери боюнча же татуулук ниет менен сүйлөшкөнү келген
индеецтер менен офицерлер сүйлөшүп жүрүшөт5 индеецтердин чатырлары жакын
жерден көрүнүп турат. Колдон токулган кызыл, жашыл, көк чүпүрөк оронгон
индеецтердин фигуралары өтө кооз, кала берсе эң сулуу болуп көрүнөт. Өздөрүнүн
эттерин бузуп, денесине тарткан сүрөттөр да, кирдеп батташкан жылкынын
куйрук-жалын улап өргөн, капкара узун чачтары да алардын келишкен сымбатын
бузбайт.
Ар түрдүү улуттук кийим, аскер формасын кийген ушул кызыл-тазыл болуп
топтошкон элди элестеп көргүлөчү; теги эфиопиялык түсү кара кишилерди —
офицерлердин грумдарын же плантатордун коңшулаш сеттльменттен келген
чабармандарын да кошуп көргүлөчү, мына ошолордун топ-топ болуп саябан
арабалардын арасындагы тегиз жерде аңгемелешип же сандалып басып жүргөнүн,
дөңгөлөктүү бир нече оор замбиректи, көйрөңдүк үчүн парусинанын астына жатып
уктаганды жакшы көргөн офицерлер турчу бир-эки чатырды, пирамида кылып
тизилген мылтыктарды — ушунун баарын элестетсеңер, Техастын чек арасындагы,
маданияттын эң ыраакы жериндеги аскердик форттун көрүнүшү көз алдыңарга келет.

35 Гасиенда — поместье, именье; Мексикада, Техаста жана Түштүк Америкада помещиктердин үйүн да
ушинтип аташат.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   mega777   15 Апрель 2017 - 01:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

* * *
Луизианадан плантатор жаңы үйүнө көчүп келгенден бир жума өткөндөн кийин,
Инж фортунун алдындагы плацпарадда үч офицер Каса-дель-Корво гасиендасы
тарапты карап турушту.Үчөө тең жаш эле, эң улуусу отузга чыга элек. Эки нашивкасы бар погондон анын
капитандык чини, бир нашивкасы бар экинчиси — старший лейтенант экени, жылма
погонуна караганда үчүнчүсү — кенже лейтенант экени байкалып турду.
Алар кызматтан бош болгондуктан, Каса-дель-Корвону жаңы жердеген кишилер —
плантатор жана үй-бүлөсү жөнүндө сүйлөшүп турушту.
— Жаңы үйгө көчүп келгенине арнап той берет дешет го, — деди пехотанын
капитаны; гарнизондун бардык офицери алган чакырык катты эсине түшүрдү.
Адегенде тамак берип, анан бий болот экен. Бул эсте каларлык окуя болот! Биз аерде
өзүбүздүн ак сөөктөрдү, сеттльменттин ашкан сулууларын көрөбүз.
— Ак сөөктөрдүбү? — деп күлдү драгундар полкунун лейтенанты. — Бизде ак
сөөктөр анчалык көп го деп ойлобойм; а сулуулар андан да аз болуу керек.
— Жаңыласыз, Генкок, Леонанын боюнан ак сөөктөрдү да, ашкан сулууларды да
табууга болот. Кошмо Штаттардын кээ бир атактуу үй-бүлөлөрү бул жерге көчүп
келбедиби. Ошолорду Пойндекстердин тоюнда жолуктурарыбызга шегим жок. Ак
сөөктүк болсо, бардык меймандарга тараткыдай кожоюндун өзүндө да жетишет. А
сулуулар жөнүндө болсо, мелдешип коёлу, Сабинанын бул өйүзүндөгү бардык
кыздардын мыктысы — кожоюндун кызы. Интенданттын ашкан сулуумун деп жүргөн
жээни ал кызга жетпейт.
— Ошондойбу? — деди аткыч аскердин лейтенанты чоолжуп. — Демек, мисс
Пойндекстер өлгөндөй сулуу болуш керек.
— Акыркы жолу Лофурштун балында көргөнүмөн кийин сын-сымбаты бузулуп
кетпесе, бөтөнчө сонун эле деп жатпаймбы. Ошерде бир нече жаш креолдор а кызга
жагынмакчы болушуп, дуэлге чыгууга аз эле жерден калышкан.
— Ойсоке го? — деди аткыч.
— Жок, Кроссман. Такыр ойсоке эмес, ишенип коюңуз. Акылдуу кыз, обу жок
жалжактаганды жаман көрөт. Ал атасын тартып — кербез. Кербездик Пойидекстердин
укум- тукумунан келе жаткан мүнөз.
— Анда мага абдан жага турган кыз экен, — деп тамшанды жаш драгун, — капитан
Сломан, сиз айткандай жакшынакай кыз болсо, ага мен ашык болуп калганымда шек
жок. Кроссмандыкындай эмес, менин жүрөгүм эркин.
— Кулак салгылачы, Генкок, — деп капитан оор басырык сүйлөдү, — мелдешкенди
мен жаман көрөм, бирок ишенип коюңуз, Луиза Пойндекстерди көрөрүңүз менен эле,
а кыз жөнүндө мындай сүйлөгөнүңүздү коёсуз.
— Мен жөнүндө, Сломан, кадырыңыз жан болсун. Аш- кан сулуулардын
ойноктогон көздөрүн нечен жолу көргөм, алардан коркчу мен эмес.
— Бирок алардыкы бу кыздын көзүндөй эместир.
— Шайтан баскырдыкы! Кызды көрө электе эле ашык кыла турган болдуңуз.
Сиздин сөзүңүзгө караганда, ал бөтөнчө сонун болуш керек.
— Ырас, жаңылган жоксуз, бирок ашык боло элегиңизде эскертип коёюн, алардын
үйүндө бир киши бар, а киши сизге кырсык кылышы мүмкүн.
— Агасыбы? Ага-ини дайыма жолтоо болот.
— А кыздын агасы бар, бирок кеп анда эмес, Пойндекстердин кербездик оорусу
бузбаган ал эң сонун жигит.
— Анда ак сөөк атасыбы?
— Жок. Пойндекстер чал да эмес.
— Анда ким?
— Кассий Кольхаун деген жээни. Абдан кебетеси суук эме.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 07 Авг 2025 23:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: