Чоочун киши.
#1021 14 Январь 2016 - 21:18
#1022 14 Январь 2016 - 21:19
- Карап корбойм. Тааныбайм.
Жайнагул катардагы эшикке кирип,андан бир чон альбомду которуп чыкты. Ушул саамда диванда кыйшайып жатканЗыйнаттын козу альбомду коруп кирпиктери ирмелбей калды. «Ой, тобо, менинальбомум го калп айтпасам», - деп тандана жаздыктан башын которо берип, оозуачыла тиктеп калды. Жайнагул уулуна минтти:
- Ай, Усонтай, карачы, тигил апанмына бул альбомдогу суротко окшойбу же окшоштугу жокпу?
- Тигил апа башка. А бул менинЗыйнат эжем, фамилиясы Эсенова. Альбомду бооруна кысты.
- Эй макоо, ошол суроттогу ЭсеноваЗыйнат деген ушу лапан.
Усон Зыйнатты ормое тиктеп, оо бироокумга чейин унсуз тургандан кийин, кетик тишин кетирейтип жарк дей тушту.
- Бул сизби?
- Ооба, менмин.
- Ушул альбомдогу суроттордун баарынсиз тарттыныз беле?
- Ооба, мен тартканмын.
- Эже, мен дагы чонойгондо художникболом. Сурот тарткан жакшы ээ.
- Албетте жакшы.
- Мен атынызды билем. Сиз Зыйнатэжесиз, фамилияныз Эсенова.
- Оо, сен мени жакшы тааныйттурбайсынбы. Атымды да билет экенсин, фамилиямды да билет экенсин.
- Ооба, билем сизди.
- Альбомду кайдан алдын?
- Мамам сатып берген. Менин суроткитептерим эн коп. Коросузбу?
- Жок, Усон, кийин кором. Келчи оопкоейун. Акылдуу, жакшы бала турбайсынбы. Жакшы коруп калдым сени. Усон кыйылабасып жанына келди. Зыйнат ордунан туруп, баланы кучактап бетине опкулопжиберди. – Секет кетейин, каралдым.
Ушул маалда Токтогулдун уну чыгып, ага аралашЖайнагул кирди.
- Таякениз сизди кутуп жатат, кетелидеп. Атам эмеле жапжакшынай туруп эле бузулуп калыптыр. Залга кирип чай ичкиле.Тамак да бышып калыптыр.
- Жок, жок ырахмат. Андай болсо бизкетели.
#1023 14 Январь 2016 - 21:22
Залга дасторкон жайып, бардыгын даярдап коюптур. Электр самоордо бака-шака тушуп кайнап жаткан чайды коруп,олтуруп калышты.
Жайнагул чай куюп жатып минтти:
- Тамак чыгарып келе коейун.
- Жок, жок, балам кереги жок эч нерсенин. Мына ичтик, ырахмат.
- Токтогул шашыла бата кылып ордунан турду.
Жайнагулдун ыйдан канталаган жаштуукоздорун коруп Зыйнат оюнда айтайын деп камдап турган созун оозу батып айталбаган бойдон машинаны коздой басып баратып, токтой калып минтти:
- Э ботом, аяш атам менен коштошпой эле кете беребизби?
- Жок, балам, коштошпой эле кой. Мансур болбой калды, балам. Чуу чыга электе кетип калалы.
Токтогул айткандай, булар Тураттын уйуно жете электе эле. Мансурдун короосунан окурук чыгып, теребел солк дейтушту. «Ажал менен азап айтып келбейт» дегендей, айылдын акылман, салмагы сайдын ташындай болгон бул ардактуу эки карыясы бир мезгилде биринин артынан бири дуйно салат деп ким ойлоптур. Жаш улук эмес, ажал улук деп ошон учун айтышат тура. Касымбек карыя «дуйно буткон дуйшомбу» куну жерге тушсо, Мансурду бейшемби куну коюшту.
Мансур таза кезинде эле тамаша-чыны аралаш: «Мен олсом, айылга той тушуп калат эле» - деп калучу дейт. Чыны менен эле бул эки карыянын олуму тойдой эле болду. Булардын ыйы да жарашты, сыйы да жарашты. Эл эли менен, журт журту менен калаган камыштай болуп, тикесинен тиктуруп узатышты. Копчулукту карап туруп, Зыйнат, адамдын жакшы-жаманы олгондобилинуучу неме турбайбы деген ойду ойлоп: «Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат» деген соз ушундайда билинет турбайбы. Балдары жакшы учун эки карыя экоо тен жакшы узап кетишти, - деп ойлоп оз энеси Аккыздын олумун эстегенде журогу зырп дей тушуп, онтоп жиберди.
Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 14 Январь 2016 - 21:26
#1024 14 Январь 2016 - 21:37
#1025 15 Январь 2016 - 00:29
Уйго келсе, Айгеримди Ырыс апа,айдай кылып татынакай багып жатыптыр. Жоош да экен. Чолпон-Атада болгонжанылыктар Зыйнат учун кандайдыр бир туш сыяктуу болуп, кокустан уйкуданойгонуп кетсе эле, анын баары жалган болуп калуучудай, онумбу, тушумбу дегенсыяктуу коргон козуно, уккан кулагына ишенээр-ишенбесин билбей ичинен тымызынтолкундай берет.
Усонду угуп, Ырыс аябай кубанды.
- Билесизби, тажене, Усондун менинбалам экенине, аны мен чын эле он ай которуп, омурткам сыздап тууганыма ишенбейда турам.
Корсонуз усон тим эле таптатынакай, супсулуу бала болуптур. Сурот тартат экен. Художник болом дейт. «Усон сенинбалан» дегенде кубанычтан кулагым дунгуроп кетсе болобу. Адегенде ишенгенжокмун чыны. Калп айткан менен болобу, алар Усонду мага башы менен туболукберерине козум жетпей калды.
- Кантип эле ошондой болсун. Алжонундо соз болгон жокпу?
- Жайнагул Усондун тагдыры жонундокийин, атамдын каны катып. Кызылы баткандан кийин суйлошолу деди.
- Рахмат Мансурга, бейиши болсунбечаранын. Кудайдан корккон киши турбайбы.
- Ооба, кудай-арбакты сыйлаптыр. Алкишинин мунусу анык мусулмандык иш болду. Мен баарынан дагы жанакы бечараЖайнагулго боорум ооруп, жаным кейип турат. Усондон ажыроо ал учун кыйынболчудай. Аяш энем мага айтып отурду. Баланы беруу жонундо соз козголгондонбаштап, айдай болгон келиним бат эле эки кабат болуп арыктап, ону-тусунонажырап, кемпир болуп калды. Кайгыдан ооруп жатып калбаса эле болду, - деп.
Зыйнат таякесине минтти:
- Ыя, таяке, Жайнагул жакшы келинбекен?
- Оо, жакшы болгондо да кандай жакшыдейсин. Ичинин кендиги, кечиримдуулугу Ысык-Колдой эле экен. Акылдуу аял тура.Зыйнатты коруп тыржындаар бекен дедим эле, серпилип да койгон жок, бечара.Келинине караганда Кына кыртыштап суйункуробой турду. Сен байкабай калдынокшобойбу, биз киргенде Кынанын териси тескери айланып чыртылдап «Бул канчыккаторумду тебелетмек турсун, ирегемди бастырайын деп ойлогон жок элем» деген созукулагымды сайып алды.
#1026 15 Январь 2016 - 00:31
- Уктум ал созду. Бирок мен аны уксам да укмаксан болуп тим болдум. Анткени алар мени эмнеге чакырганын билбей туруп эмне дейт элем. Чындыгында мен булардын алдында акталбачу куноом бар эле да, таяке. Ар ким оз кылганын озу билет. Жайнагулго ырахмат. Сиз айткандайАкылкарачач экен. «Усон учун сенин кандай кара кийип, кан жутуп жургонунду билем. Эми ошол сен жуткан канды, мен жутуп кала турган болдум», - деди го мага. Чындыгында мени, Усондун кымындай туруп корком сурот онорун аздектеп, сурот искусствосуна болгон кызыгуусу кубандырды. Жайнагул кыраакы, корогоч аял экен. Кыраакы болбосо, эне менен баланын келечегин ойлобосо, Усонго менин альбомумду сатып берип, мен жонундо тааныштырбайт эле да. Усон экообуздун ортобузду бириктире турган алтын данакер, менин анын энеси болуп калгандыгым эмес,суротчулук онорундогу ээлеген ордум болоорун Жайнагул туура чечиптир. Балам экообузду бир соз менен эле бири-бирибизге жакындатып койду. Уктунуз го, таяке,Усон «Бул эже апам эмес» дегенде, Жайнагул дароо эле менин суротчу экенимди айтып, менин альбомумду кайдан-жайдан алып чыгып, беттерин барактап, менин портретимди корсотуп, билесинби сен ушул Зыйнат апандын баласы болчусун. Мен сени багып алгамын. Эми кайра оз апана берип, суротчунун окуусун окутайын деп жатсам ыйлайсын деди. Буга чейин кимдин созуно кандай тушуноорун билбей нез болуп турган, Усон Жайнагулдун созун угуп коз жашын жашынып алып жоошуй тушту.
- Айтымынарда укмуштай эле акылдууаял экен, бечара, - деди Ырыс шыпшынып.
- Тобо, мурунтан эле озун да, баласын да алдыртан даярдап жургон келин го.
- Ким билсин, - деди Токтогул ийнин кушуруп, - эмнеси болсо да чон иш болду. Кудай берет деген ушул, балам. Колуна Эсендин туйгун кондурганы ушул турбайбы. Минтип туйгундай болгон уулун табылып олтурат. Кыргыйдай болгон кыздуу да болдун. Мансурдун кыркына кабар беребиз деп калышты. Баландын эмки маселеси ошондо чечилет.
- Эмне кылып барабыз ыя, таяке?Бирдеме алып барабызбы?
- Ии, куран окутасын да. Башка учунболбосо да Мансурдун арбагы, баландын кадыры учун алып барасын. Куру аякка бата журмок беле.
Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 15 Январь 2016 - 00:35
#1027 15 Январь 2016 - 01:52
Автор жазгандар неге жок болуп кетип жатат
---билбейм, менден баары эле көрүнүп жатат. Админ. карап коесуңарбы? Жазгандар башкаларга көрүнбөй калып жатат окшойт
#1028 15 Январь 2016 - 20:41
- Бар, бар, балам. Биз тируу турганда балан багылуу, уйун каралуу болоор…
Ошентип Зыйнат Айгеримди таженесине таштап, анын сут-ашына чейин керектуусунун баарын шайма-шай камдап берип, Алматыга жоноп кетти. Зыйнат шаарга келери менен оз конулундо ойлоп, пландаштырып келген максатын ишке ашырууга киришти. Ал жердеги суротчулор бирдигинин жетекчилери менен кесиптештеринин жардамы аркылуу сатык-коргозмо ачууга мумкунчулук алды. Кыл калемдеш кесиптештеринин баары тикесинен тик туруп ар тараптан жардам беришип, бул иштин башында оздору турушту. Республикалык, шаардык, областтык газеталар менен радио, телевидение аркылуу Зыйнаттын ар кыл жанрдагы, ар кыл темадагы живопистерди сатык коргозмого коюла тургандыгы, кайсы куну, кайсы жерде ачыларын кулактандыруу менен бирге, айрым картиналар боюнча журналисттердин публицистикалык суроттомолорду менен макалалары биринин артынан бири берилип жатты. Эсенованын чыгармаларынын ичинде республикадагы элге эмгеги синген белгилуу айрым козу отуп кеткен жана коздору тируу залкар адамдардын май боек менен кыл калемдин сыйкырдуу кудуретинен омур тапкан портреттери менен катар казак жергеси менен кыргыз элинин эн кооз ажайып жайлары тушурулуп, коз кумарын кандырган пейзаждары сыяктуу жана башка корунуштогу чыгармалары басымдуу болучу.
Сурот искусствосу боюнча коюлуп жаткан бул сатык-коргозмо жонундогу кабар, уккан адамдардын буйурун кызытып, республиканын аяк-башына тез эле дунк дей тушту. Ал эми Зыйнатты издегендер да, телефон чалгандар да кобойду. Жакшы санаалаш дос-тамырынын ичинен Жакан менен Галия биринчи звандашты. Саламдашып, аркы-беркини суйлошкондон кийин минтти Жакан:
- Аяш атамдын кайтыш болгондугу жонундо кабар берген болсо, барат болчубуз. «Соок кайрылат, дос айрылат» деген ушул экен да.
#1029 15 Январь 2016 - 20:43
- Алар мени эмне учун чакыртканын кийин Толкунбек айтаар, аяш.
Ал озунчо чон соз. Анын устуно мен ал убакта Ошто болчумун.
- Мейли, оздору билсин. Биз ал учун эмес, Галия экообуз сиздин чыгармачылык ийгилигинизди угуп телефон чалып жатабыз. Буюрса сатык-коргозмонуздун ачылышына биздин жамаат созсуз барат. Коргозмонуздун ийгиликтуу отушуно тилектешпиз.
- Ырахмат, аяш. Баса, сиз иштеген ПМКаны жаап, жумушчулар тарап кетти деп жатышканы кандай?
- Чепуха. Кыскаруу бар. Бирок калганыбыз баякы эле темп менен иштеп жатабыз. Ыя аяш, Толокемдин кесиби боюнча полотного тушурулгон эмгектериниз барбы?
- Ананчы. Сиздердин эмгекти кантип унутайын.
- Оо, бул учун алдын ала рахмат айтып коюга руксат этиниз.
- Рахмат.
- Толкундап жатасызбы?
- Эми мындай коргозмого чыгармаларым биринчи коюлуп жаткан жери жок да. Бирок сатык-коргозмо биринчи болгондуктан, кандай-андай болот деп тынчын кетет экен. Оз талантымдын, оз кучумдун баа-баркын билем го ушул сапар.
- Антип эч нерседен эч нерсе жок эле, сарсанаа боло бербениз, аяш. Коросуз го, бардыгы жакшы болот. Билесизби, мага казактын «мен» деген таланттуу акын-жазуучуларынан эки-учоо звандап сурап жиберишти.
Жазуучу дегенде Зыйнаттын журогу удургуй тушту. Анын эсине дароо Мусурепов тушту. Бирок Жакандан «кайсы жазуучу» деп суроого оозу батпады. Конулундо унуткан эмес экен деп ойлоп, ичинен жымыйып койду. Чындыгында эле Мусуреповго окшогон атак-данктуу жигиттердин унутпай эстеп жургону жаманбы? Мындай адамдардын суйуусу эмес, саламына тен келбей жургон аялдар канча. А Зыйнат болсо, жаратылышынан башкача жаралган озгочолугу кучтуу келин болучу. Ал болсо, жигиттердин оз артынан ашык болуп жетпей, арман сырын ачык айталбай сурдонуп жургонду соолот коруучу адаты боло турган.
#1030 15 Январь 2016 - 20:44
- Келиниз апа, жогору отунуз, - деп трубканы ордуна илди.
- Сиз менен чогуу олтуруп чай ичкенди сагындым. Билесизби, менде кандай кубаныч, кандай жанылык болгонун? Деги кудайдын козу туз экен. Айгерим акжолтой болбодубу.
- Кубанычын кут болсун, кызым. Маанайынды коруп эле, оз ичимден жооруп жаттым эле, карагым. Эмне, Толкунбек менен тил табыштынбы?
- Жок, апа, аны менен тил табышкан жокмун. Баламды таптым, тируу экен.
- Тируу экен? – Салия келинди тиктеди. Тушунгон жокмун.
- Кайдан тушунмок элениз. «Бироонун турмушу бироого тунт токой» - деп ошон учун айтышат тура орустар. Толкунбек экообуздун жеке турмушубуз жонундо сиз менен чечилип эч нерсе суйлошкон жокмун да.
Коншусунун созун угуп, Салия Зыйнат менен Толкунбек жонундогу эл ичиндеги ушак-айынды эстеп кетти. Бирок бул аял ошол кундон ушул кунго чейин ал жонундо башка ботон кишилерге эле эмес, оз уй-булосуно: «Мен Зыйнат жонундо ушундай соз уктум» - деп ооз ачкан эмес. Анткени Салиянын бир жакшы сапаты ушул болучу. Ал кишинин укканы уккан жерде, коргону коргон жерде калуучу. Бироонун уятын чыгарып, адамгерчилигине акарат келтирип шагын сындырууну жек коргон аял болучу. Салия менен Зыйнаттын ортосундагы айырма эле биринин карылыгы, биринин жаштыгы болчу. Салия алтымыштан айдарымын желпинтип турса, Зыйнат отуздун обонун созуп, ойдолоп турган кези. Дасторкон устундогу жер-жемиш, момо-чомолордон жээр-жемексен болуп, анда-санда оозуна салып коюп соз тыншап отурган Салия Зыйнаттын журок толгон кубанычын угуп, тим эле озу балалуу болгондон бетер, оз терисине озу батпай кубанып олтурду.
#1031 15 Январь 2016 - 20:45
- Тушундум, чырагым, Мансур маркум ыймандуу жакшы адам тура. Баладан артык бакыт болобу. Бактылуу келин экенсин. Кубанычын кут болсун чырагым.
- Ооба, баламдын тируулугу бакыт болду. Бирок ошол «тонуп олду» бойдон мен учун, бир эсептен тируу болсо да дайын-дареги чыкпай жок болгону женил болмок экен ойлоп келсем.
- Э катыгун, эмне учун антип ойлойсун? Кызык келинсин го сен!
- Угасыз го кийин эмне болгонду. Менимче, эки тарапка тен жакшы болбой калды. Балага да кыйын болду.
- Толкунбек эмне дейт?
- Эмне демек эле. Бала жонундо экообуздун ортобузда соз да болгон жок. Ал аялын суйот да. Мени менен аргасыз жашады. Толкунбекти суйгонум учун, аны кетирбей кармап туруш учун колумдан келген баардык аракетти жасадым, Салия апа. Ошон учун жети жыл чогуу жашадык. «Мойнуна байлаган ит ууга жарабайт» деген чын экен. Акыры бирге жашоого мумкунчулук болбой баратканда озум уруксат бердим ага.
#1032 17 Январь 2016 - 18:08
- Толкунбекти мени суйбойт деп айтуудан алысмын. Ал мени негизинен жакшы коруучу. Ошон учун жашады да. Анын кокойумо тийген бир жаман жери, уктап жатып уй-булосун айтып, бирде балдарын, бирде аялын чакырып, кээде ыйлап уйкусурачу. Менин журогумдун ушун алып, тубумо ушунусу жетти.
- Конулун ошондон калган экен да .
Зыйнаттын коздору жашылдана тушту.
- Э-э-й, апа, «эр менен эттен конул калбайт» дегендей, эмне учундур аны унута да албай, жаман да коро албай койдум го. Билбейм, деги мен адамдан башкача жаралган, ар-намысы жок, ысык менен сууктун айырмасын билбеген бир макулук окшойм го. Мурда бала, бала деп куйутко куйуп олуп-талып журсом, азыр эми анын экинчи дартына кабылып отурам.
Салия келинди тандана тиктеди.
- Эмне дейт катыгун, олгонун тирилип, жоголгонун табылып жатса, дагы кандай дартын бар? Тобо де, Зыйнат. Деги кудай жакшы коргон пенде экенсин. Минтип кыздуу болуп, кыздын устуно уулдуу болуп олтурасын. Уул эмес, кыз эмес, кечээ эле кызыл битин жок эмес беле. Той бере турган жолдо болуп калдын.
Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 17 Январь 2016 - 18:09
#1033 17 Январь 2016 - 18:10
- Туура айтасыз, Салия апа, билем акы. Жентек да болот, той да болот. Сатык-коргозмону толго кылып коюп жатам. Жакшы отуп кетсе ойдо коп нерсе бар. Сиз айткандай олгонум тирилип, очкон отум таамп жатса, кантип эле кубанбай коейун. Ыраазымын тагдырыма. Адам баласы бир жагынан болбосо да, бир жагынан корот экен да. Сиз айткандай кудай бербедиби. Бирок менин журогумду сыздатып турган Жайнагул болуп турат. Жанакы созду мен ошон учун айтып жатам.
- Ал Жайнагул дегенин ким эле, катыгун?
- Толкунбектин аялы.
- Ал эмне болду эле?
- Эч нерсе болгон жок. Ошол кунулошумду эстесем кабыргам кайышып, эмне кылаарымды билбей кетип жатам. Карап отуруп озогум орттонду. Ошон учун мен Усонду билбеген жаным, билбеген бойдон калсам жакшы болмок экен деп жатканым ошол.
Салиянын коздору алая тушту.
- Койчу кагылайын, кенендиктин да, боорукерликтин да чеги болот да. Сен ал келинге ошончолук эле кандайча боор ооруп, аяп калдын?
- Ошентип аяп калдым, апа. Билбептирмин акылдуу аял экенин. Ал аялдын менин озумо жасаган мамилесинен улам, адам баласында болгон адамгерчилик деген касиеттин эмне экенине жеткире тушундум. Анан анын Усон учун куйуп турганын карап олтуруп, журогум жара тилинип, ага болгон аео сезимим ойгонуп, башыман ашып кетти. Ойлоп отурсам: «Бала туугандыкы эмес, асырап баккандыкы» - деп элибиз бекер айтпаган тура. Усон менин канымдан жаралып, кардымды жарып чыкканы менен, эне болуп эмчек сутун эмизе алган жокмун. Ал Жайнагулдун ак мамасын аймалап, ак сутун ээмп, оз энесинин мээримин корбой, Жайнагулдун мээримине болонуп осту. Акылдуу, мээрбан эне аны оз баласы Асандан артык корсо коруп, кем корбой асыраганы, эч ким айтпаса да корунуп турат. Усон Жайнагулго ото жакын осуптур.
- Анан эмне кылсам деп турасын оз акылында?
#1034 17 Январь 2016 - 18:11
- Оз акылын озундо, Зыйнат. Тушунуктуу жансын «Кенешип кескен бармак оорубайт» дегендей, башталышы жакшы болгон экен, аягы деле жаман боло койбос. Жайнагулду акылдуу аял экен деп жатпайсынбы. Деги каны биргелик кылып, бала имерилдиби сага?
- Жок, апа, качан гана Жайнагул Усонго мен жонундо айтып, тушундургондо гана жоошуй тушту. Коросуз го, тим эле баладан башкача супсулуу болгон суйкумдуу бала болуптур. Карап туруп эсим эндирей тушту. «Оо кудай, чын эле менин балам олгон эмес турбайбы» - деп ойлоп, дунуйом тугол болуп озумдон озум эрип, кучагым толо кучактап, оозум толо опкум келип турдум. Ошол саамда коздорунун жашын он талаа кылып ыйлап турган кунулошумду коруп калтырап кеттим. Усонду карасам Жайнагулдун мойнунан орой кучактап, мыйтыйган татынакай колдору менен апасынын жашын аарчып, коздорунон алмак-салмак ооп: «Мамочка, ыйлаба!» - деп бетин бетине тийгизип, башын коодонуно жологонун коруп((((((((((, бул бала мага онойлук менен бала болбойт го деп ойлоп санаага батып калдым.
Эне менен баланын ортосундагы ушундай корунуштон кийин Усон экообуз бири-бирибизге кандай алынышып, кандай эне-бала болоорубузга козум жетпей калды. Эс-акылы кирип, айткан создун туп-жайына тушунуп, аркы-беркини билип калган бала болсо, боорго тартуу оной эле. Эч нерсеге тушунугу жок бул макулук менен тил табышууга менин бир омурум жетпоочудой болуп туюлуп турат мага.
- Ооба, анысы бар. Эмнеси болсо да «букарда пулу бардын коону ток» дегендей жок болгончо бар болуп турсунчу, карагым. Ал жакта уулун, бул жакта озун аман болсон, акыры бир айласы табылаар.
Салия экоо ушинтип суйлошуп создору бутпой олтурганда, эшиктин конгуроосунун музыкалуу кыска кайрыгы толкуй тушуп басылды.
Зыйнат дароо башка жактан кимдир бироонун келгенин билди. Эшикти ачаар-ачпастан эле, журогу болк дей тушуп, кетенчиктей берди. Ойдо жок жерден колуна ак роза гулунун тестесин которгон Мусуреповду коруп апкаарый тушту.
#1035 17 Январь 2016 - 18:12
Жигит босогодон отуп токтоду.
- Саламатсызбы, Зыйнат Эсеновна! – Экоо кол алышты. Сизди коргонумо кубанычтуумун. Келиндин колунан опту. Анан сол колундагы тестени сунду. Турмушунуз ушу лак розадай бажырайып гулдоп турсун.
- Ырахмат, Шерхан Мусурепович. Унуткан эмес экенсиз.
- Кантип унутайын, сизди унутканым озумду унутканым болбойбу.
Мейманын залга баштап кирди.
- Олтуруп турунуз, мен азыр, Зыйнат аш уйго чыгып колундагы гулду вазага салып суу куюп жатып, Салияга карады. – Апа, журунуз залга.
- Ким келди?
- Мусурепов деген жазуучу, тааныйсызбы?
- Оо, чын эле Шерханбы? Ал жигитти ким тааныбайт. Бетме-бет тааныбасам да сыртынан, чыгармаларынан жакшы билем. Китептерин коп окудум. Жакшы жазат. Озу да тогорогу топ келген жакшы жигит да. Билгендер макташат. Жок, мен Шерхандын устуно кирбей эле койойун, Зыйнат. Уят.
- Эмне учун кирбейсиз, кызыксыз го?
- Уялып жатам. Мен бул жактан чай-пайынды даярдап берейин, мени тим койчу, чырагым. Бул кайдагы кемпир дедирбей, озун эле кирчи жалгыз койбой.
- Анда чай даяр болгондо кириниз.
- Кирбейм, балам. Жаштардын устуно саксайып эмне бар, кыйнаба мени. Андан коро тамак жасасан эртерээк айтып кой, даярдап берейин.
- Билбейм апа, тамакка кутоор кутпосун. Адагенде чай берели. Шашпаса коробуз да. Бирок айтып койойун, Мусурепов кетмейинче сизди эч жакка жибербейм.
Зыйнат бир заматта дасторкон жайып жиберди. Салиянын кирбейм деп кежелгенине болбой акыры алып кирди.
- Таанышып коюнуз, Шерхан Мусурепович, бул киши менин эн жакын коргон кошунам.
Жигит ойдо жок жерден Салияны коруп туруп ордунан тура калып кол алышты.
- Олтурунуз! Шерхан катарындагы орундукту карады.
- Олтура бер, карагым. Бул биздин оз уй.
#1036 17 Январь 2016 - 18:13
- Шерхан Мусурепович, мен Делиге учаар алдында ооруканага жатып калбадымбы.
Зыйнаттын созун угуп чочуп кетти.
- Жок, уккан жокмун. Сизди сурасам учуп кетти дешти. Ошонун эртеси мен да учтум. Анан копко жаттынызбы?
- Туура он жети кун дегенде чыктым. Операция болдум. Сокур ичегини алышты. Анан да спайкам бар экен.
- Ту-у, кудай сактаган экен. Самолетто баратып приступ болсонуз эмнне болот эле! Сиздин кабарынызды газетадан окуп, телевидениядан угуп, учурашайын деп чыгынып чыккандагы кербезим. Деги абдан сакайып кеттинизби?
- Ырахмат, Шерхан Мусурепович, жакшымын. Эсинизге алып кымбат убактынызды болуп, атайы келгенинизге жетине албай олтурам.
- Бул менин милдетим да.
Салия Зыйнат менен Шерхандын созу ушул жерге келгенде ордунан аста туруп, жыла басып чыгып кеткен бойдон экинчи кирген жок.
Мусурепов Зыйнаттын Мансуров менен ажырашканын угуп чыдай алган жок. Жаман корсо да, жакшы корсо да тобокелге салып келип олтурган кези болучу бул. Бирок Толкунбек жонундо ооз ачып сураган да жок, айткан да жок. Тек гана жаш аялдын коркуно конулу чалкып, журогу толкуп, махабат кумары жан дуйносун тымызын дуулуктуруп жатты. Мусурепов Москвада болгондогусундай Зыйнатка эмне учундур чечилип суйлошууго батына албагансып тартынып олтурду. А балким, акылдуу адам, Жакан Усаевдикинен уккан создордун чын-тогунун билгиси келип турса да, Зыйнаттын жаратын жаныртып, конулун чогоруп, кыялын бузуп аламбы деп сактандыбы, ким билсин. Бирок Жакандын уйундо Зыйнат жонундо ашык соз болгон эмес. Бар болгону Усаевдин уйуно кирген кишинин журогун бир силкип алган, Жакандын кош терезесинин ортосунда бою менен бой болуп, озу менен оз болуп, кыл калемдин касиеттуу кучу менен полотного тушурулгон суроту бар болучу. Бул залга канча киши кирсе, ошончо адамдын назары тушуп, бул ажайып чыгарма жонундо эле эмес, анын автору жонундо соз болбой коючу эмес. Ушундай адамдын бири Шерхан Мусурепов болду. Залдын босогосун аттай берип дароо токтоп калды.
#1037 18 Январь 2016 - 20:01
Мусуреповдун жогору отуп орун алышын кутуп тикесинен турган меймандардын ичинен кимдир бироо минтти:
- Ооба, бул суротчу ушул жерде болсо, эстеликке бирден ушундай сурот тарттырып алыш керек болуп калды.
Жакан кулду:
- Кана, Шерхан Мусурепович, жогору отунуз.
Жигит уй ээсин бир карап алып, ордуна отуп олтуруп жатып шилисинде калган суротко кылчая карап, анын бир бурчунда алтындын буусу менен жазылган жазууга кареги кадала тушту.
- Оо, мен дагы ким тартты экен десем, Эсенованын эмгеги тура. Азамат, чон таланттуу аял, - Зыйнаттын атын окуп, эки бети куроосуно чейин кызара тушкон Шерхан ушул саамда тыштан Зыйнат кирип келуучудой болуп журогу дукулдоп кетти. Оюнда аны чакырды деп ойлоду.
Буга чейин Мансуровдун Зыйнат менен ажырашып, оз уй-булосуно кеткенин Мусурепов эле эмес, башкалар да угалек болучу.
Олтургандардын бироо сурады:
- Кечириниз, Жакан Усаевич, чын-тогунун билбейм, мен бир соз уктум, катын ушак эмеспи? Мансуров Эсенованы таштап жумушунан бошонуп, биротоло Кыргызстанга кетип калыптыр деген миш-миш соз болуп жатат. Бул кандай соз, сиз билесиз да?
Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 18 Январь 2016 - 20:02
#1038 18 Январь 2016 - 20:02
- Билем, ажырашты.
- Тобо-о-о, ушундай атак-данктуу, акылдуу деген адамдар да ажырашат экен ээ. Экоо ынтымактуу, жакшы жашашат дешчу эмес беле? Кимиси куноолуу болду экен?
Жакан суроо берген мейманын жактырбагандай, ойлоно тушуп минтип кошумчалады:
- Экоо тен куноолуу эмес. Бул да болсо турмуш, тагдыр. Жакшы, акылдуу адамдар- акыл менен, сый менен ажырашат экен. Кандай болунуп, кандай ажырашкандарын оздору да билбей калышты.
Мусурепов ушуларды ойлоп олтурду. Ал Зыйнаттын барк-баасынын бийиктигин ушунда дагы бир жолу билди. «Бул аялдын бир кемчилиги тууп тукумун бербеген туубастыгы» - деп жыйынтык чыгарып да койду…
Столдун устуно рюмкаларды коюп жатып, Зыйнат минтти:
- Жазуучулар бизге караганда ото ойчул болсо керек, - деп аста серпип отту. Жаны жазып жаткан чыгармаларыныздагы каармандардын тагдыры жонундо ой толгонуп олтурган жоксузбу?
- А художниктер эч нерсе ойлонбойбу?
- Эмне учун ойлонбойт. Ойлонбой жазып, ойлонбой тарткан чыгарма да чыгарма болмок беле. Бирок биздин турмушубузга караганда, сиздер коп изденет болушунуздар керек. Азыр кандай чыгарманын устундо иштеп жатканынызды билууго болоор бекен?
- Чынымды айтайынбы?
- Албетте, чынынызды.
Чынымды айтсам азыр сиз жонундо, сиздин эмгектериниз жонундо жазууну ойлонуштуруп жаткан кезим. Мансуров менен ажырашканынызды Маскоодо мага айткан жок элениз. Кечээ жакында угуп ишенген жок элем, корсо, чын турбайбы.
- Эрим менен ажыраштым деп суйунчуломок белем. Дагы эмнемди уктунуз?
#1039 18 Январь 2016 - 20:03
- Башка эч нерсе уккан жокмун.
- Москвада копко болдунузбу?
-Сизди Делиге учканда узатам го деп журсом, келдиниз да кеп-созго келбей: «Жолдошторум кутуп калды» - деп шашкалактап, чала-була коштошуп алып чыгып кеттиниз. Чынымды айтсам, жумушум эчак эле бутуп, кыла турган ишим, сала турган кушум жок эле, сизге карап, сиз учун кылчактап, жаныныздан алыс кеталбай жургонумду билбей койбодунузбу. Ооруп, ооруканага жатып калганынызды да билген жокмун. Сизди учуп кетти деп угуп, мен да учтум. Жакынсып боор тартайын десем боорго тээп койбодунузбу.
Зыйнат кулду.
- Таарынган экенсиз да.
- «Сууну синээр жерге ток, созду угаар жерге айт» дегендей, сизди тушунот деп айтып жатам. Чыгармачыл адамдар биринин кадырын бири билет го деп ойлоочу элем. Бирок чын-чынына келгенде, «Тааныбасты сыйлабас» болдубу, же болбосо тенинизге алгыныз келген жокпу, ким билсин.
- Кадырыныз жан болсун, Шерхан Мусурепович, антип катуу кетпениз. Тушунгон кишиге ошол учурда шордоп турган кезим болучу. Жолдошум менен ажырашканымды уккан турбайсызбы. Олуп ажыраганды топурак суутат. Ал эми жакшы коргон тируу туруп ажыроо олумдон жаман болот экен.
Ушул маалда каалганы аяр ачкан кимдир бироо, аста шыбырай суйлоп уй ээсин чакыргандай болду. Зыйнат ушуну эле кутуп тургансып ордунан учуп туруп ун чыккан жакка минтти:
- Салия апа, сизсизби? Кире бериниз.
Аял босогодо туруп суйлоду.
- Тамак бышты. Алып кире берейинби?
Зыйнат ордунан тура берип сурады:
- Э кудай, тамак жасап жибердинизби?
- Жана туштон мурун эле казан асып койгомун. Келгенден бери биздин уйдон тамак ичелексин, балам. Анын устуно коногун да болуп калды ырас. Азыр келинге котортуп, алып келе койойун.
#1040 18 Январь 2016 - 20:04
- Эмне учун алып келмек элениз. Мусурепов кеткенден кийин эле, ошол уйдо ичебиз чогуу.
- Кой, антпе балам, Шерханды оной доо дебе. Ал баланы чакырып келтире албагандар толуп жатат казакта. Кол жуубай, чай менен кетсе болбос.
- Анда баарынар келгиле. Атам уйдобу?
- Атан анга тушсун, ичербиз уйдон.
- Уят болбойбу?
- Эмнеге уят болмок эле, чырагым.
- Жок дегенде сиз озунуз келиниз.
- Жок, балам, жаштардын устундо кары кишинин калжайып олтурганы болбойт. Жаштардын жаштардай созу, жаштардын жашыруун сыры болот. Биз да жаш болгонбуз. Бу кемпир бул жерде эмнеге олтурат дебейби…
Зыйнат, Шерхандын ички сыры, ичип алганда ачылаарын билген эмес. Ысык тамактын алдында которгон рюмкасы, мурункусуна кошулуп, коодондо жургон койгойун топтой тээп чыкты. Ал мындайда созго чебер да, чечен да болуп кетуучу адаты бар экен. Ойлогон оюн балп эттирип айтып да салуучу. Анын бактысы, кокустан конулу тушуп калган аялдарды бир коргондо эле имерип ала турган озгочолугу кучтуу жигит болучу. Деги жеринен Шерхан Мусуреповичтин шагын сындырып, конулун кайт кылган аялдар сейрек кездеше турган. Озунун ушундай артыкчылыгына чиренген бул жигиттин беделин тушуруп, шагын сындырган Зыйнат болду. «Ачыла элек сандыкта бычылалек кундуз бар» дегендей, Мусурепов баягыда Москвада болгондо Казакстандын посолствосунун мейманканасына барбай самолеттон тушкондо эле Зыйнат менен чогуу Россия мейманканасына барып орун алганында кеп бар экенин ким билиптир. Чын-чынына келгенде ошол кундон ушул кунго Шерхандын эсинен кетпей, журогунун теренинде ташка тамга баскандай сакталып калган, ошондогу кек, ошондогу армандуу окунучу, азыр окунуч эмес эле аялдарга берген баа болуп – Зыйнаттын башка ак жоолукчандардан айырмаланып турган озгочолугу, анын жандуйносунун тазалыгы менен бийик адамгерчилигин даназалап турган бир абаз болду.