Суперстан: Чынгыз Айтматов.(Кассандра тамгасы) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Чынгыз Айтматов.(Кассандра тамгасы)

#21 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

жетилип келаткан, анан өзү жөнүндө билдирүү үчүн
тымызын кубат жыйнай баштаган бир окуя астыртан
жакындап келатты. Бул үчүн адамдар бирге чогулушу
керек эле, болушунча көп сандаган эл чогулуп, болушунча
бирдиктүү, деми ысык массанын тегерегине жыш жана
тыкыс топтолушу керек болчу.
Роберт Борк саатын карап коюп жатты жана Ордоктун
шайлоочулар менен алдыда болуучу жолугушуусун
ушунчалык бир толкундануу менен, президенттик
креслого жетүү үчүн Борк өзү сөз сүйлөчүдөй, газетчилер
айткандай, өтүп жаткан учурду колго алып, элдин
ишеними менен колдоосуна ээ болууну алдына максат
кылгандай болуп жатканын байкады. Эмне үчүн, кай себеп
менен мынча өрөпкүп жатканын Борк өзү да түшүнбөдү.
Бар болгону шайлоо алдындагы кампаниянын
жүрүшүндөгү демейдеги иш-чаралардын бири — бөтөнчө
эч нерсеси жок. Анан калса дегеле бул жөнүндө ойлоп
кереги бар беле? Катардагы окуяга мынча маани берүүнүн,
ага эч бир тиешеси жок нерсе үчүн мынча өрөпкүүнүн
кереги бар беле? Апендичилиги да! Күйөрман болуп чыга
келгенин кара.
Бирок ал өзүн канчалык табалабасын санаасы ордуна
келбеди, ал жанын коерго жер таппады. Ал сыртка
чыккысы, ээн бакка баргысы келе берди, адатта алыс
барбай, ары-бери басып, же кумга сырлуу белгилерди
чиймелеп, ачык терезе аркылуу ойнотмодон чыккан
музыкага кулак түрө турган, Ал азыр да угуп жатты.
Бетховендин симфониясынан, анын космостук
кенендигинен жана кубатынан ал көңүл жубатар
бейкуттукту издөөчү, музыка көп ирет боло жүргөндөй,
аны алаксытарына, башка дүйнөгө, башка ой-санааларга,
күтүүсүз ойлор менен кыялдарга алып кетерине ишенчү,
анткени ал бул жерде далай ирет ошентип өзү менен өзү
болор эле. Музыка — бул күндүн кубатынын сансыз
students.com. kg 104трансформацияларынын бири, ал Ааламдын түпкүрүнөн
чыгат, а композитор болсо, радар катары, музыканы
космостон угат, аны формага салат, шайкештик берет,
конкрет угулгандай кылат деп ой жүгүрткөнду жакшы
көрүүчү. Башкача айтканда, музыка — бул ааламдагы
Мейкиндик менен Мезгилдин үнгө айланышы. Албетте ал
өзүнүн бул «ачылыштарын» эч кимге айтчу эмес, айтса
кишилер ага күлүшмөк. Ал турсун Жесси да билчү эмес.
Анын дагы бир теориясы боло турган, аны да эч кимге
айтчу эмес, бирок кээде ал тууралуу бирөөгө сыр ачкысы
келчу: музыка, деп ойлоочу ал кээде, адамдарга анын
өмүрүнүн трагедиялуу кыскалыгынын кенемтесин
толуктоо үчүн берилген. Адам музыка угуп жатканда, ага
берилип кеткенде, ал адамдан тышкаркы категорияга өтөт,
ал түбөлүктүүлуктун агымына кошулат, анан анын өмүрү
узарат, түбөлүктүүлүк менен жолукканда, балким,
ондогон жылдарга, жүздөгөн жылдарга жана андан көпкө
узарат, бирок биз билгендей өлчөмдө эмес, али табияты
ачыла элек өлчөмдө узарат. А балким анын табияты эч
качан ачылбай калат.
Бул жолу музыканы мындай кабылдоого белгилүү бир
ыңгай, белгилүү бир маанай, дуба окуу алдындагыдай,
деңизге сапарга чыгар алдындагыдай маанай керек
экендигин Борк түшүндү... Ага бүгүн дал ошолор жетпей
турган. Ошентип музыка да жардам бербеди. Анын үстунө
Жесси кармалып жатты. Иш аяктап, элдин баары
үйлөрүнө кайтып, ошого байланыштуу жолдордо кыймыл
кычап, тоскоолдуктар көбөйүп турган чак эле. Борк дагы
үйдө тоскоолдукка кабылгандай болду. Иш жылбады,
ошентип тез бүтүрүүчү нерсесин кармоого колу барбады.
«Трибюн» ал убада кылган макаланы болушунча тезирээк
алгысы келди. Ал болсо газет беттеринде сенсациянын
түшүмүш кечиктирбей алуу керектигин билип туруп эле
өзүн компьютерге олтурууга мажбурлай албады. Анча эле
students.com. kg 105болсо, дагы түн ичинде иштейм, газетаны уятка
калтырбайм деп өзүн ынандырып, улам ары жылдыра
берди. Өкүндү, жан алакетке түштү жана ошону менен
бирге кагазга мыкты текст түшөт деп тымызын ичинен
кымыңдады; ал муну өзүнөн сезип турду, текст анын
башында жаандан кийинки чөптөй өсүп жатты. Макала
өзү эле кагазга түшүүнү суранып турду.
Ал күтүшү тийиш болбогон, ага тиешеси жок нерсени
зарыга күтүп, иш кылбады. Бул шаардын калкы эң жыш
жашаган бөлүгүндө, ичине ал шыкалган белгилүү
спортзалда өтүүчү шайлоо алдындагы зор митинг,
эмнегедир анын үйүнүн жанында, террасада, газондордо,
анын ээн багында өтчүдөй сезилди. Анын үйүн калың
масса курчап алып, демин кысып жаткансыды. .. Ал өзүн
өзү параноик деп тилдеди. Болбосо кантип ушундай
элестесин көзгө?
students.com. kg 106Ал бирде үйгө кирип, бирде кайра сыртка чыгып,
аркы-терки баса берди, саатын карайт, жыбылжыган
музыка кулагынын сыртынан кетип жатат, телефондун
кыйлага тынбай шыңгыраганына карабай, жооп бербеди.
Конок үйдөгү чоң телевизорго жакындабады, алдын-ала
аны койгусу келбеди; бул учурда сансыз каналдарда эмне
берилип жактанын карабай туруп эле айтса болмок —
баягы эле телетополоң да... Жесси дале кармалууда. .. Ал
жанын коерго жер таппады, оюн бир жерге топтой албады.
Бирок олуттуу ойлор да келе калып жатты. Мисалы,
университетте, ал эле эмес «Трибюндун» журналисттери
менен болгон маекте эмнегедир космос монахы
Филофейдин кайрылуусу жеке Рим папасына
багышталганы козголгон жок деп ойлоп койду. А
чындыгында муну менен Рим папасы өтө татаал абалда
калгандыгын оңой түшүнсө болот да — эмне кылуу керек,
мындай адаттан тышкаркы, ал турсун арты чуулуу болуп
калуучу кайдагы бир өзүн монахмын деп атаган неменин
кайрылуусуна пресса аркылуу жооп бериш керекпи, же
жокпу, ал эми жооп берүү керек болсо эмне деп бериши
керек?
Кассандро- эмбриондордун проблемасы бардык
жердеги талкуулар менен талаш-тартыштардын предмети
болгондо, ар кандай диндерде болуп көрбөгөндөй
толкуулар башталышы мүмкүн экендигин Роберт Борк көз
алдына даана келтирди. Филофейдин ачылышынын
жолунда турган коркунучтардын бири ушул болучу.
Анткени Кудай менен кол жетпес биригүүнү чаңкаган
адам рухунун түбөлүк умтулуусунун азабын да, асылын да
өзүнө камтыган диндердин ошол эле даражада өз билгени
бар — Кудай Кудайы менен, анан калса Кудай жалпыга
бир, бирок өздүкү өздөй, өзгөнүкү — бул өзгөнүкү, өз
менен өзгө — сыйышпас нерселер. Ар кандай диндердин
чындыкка ээ болуудагы өз приоритеттерин аныктаарда
students.com. kg 107калыстыктан таюучулугу, куру намыстуулугу,
өзүмчүлдүгү да мына ушундан, бул негизннен дин
төбөлдөрүнүн дүйнөлүк структураларында карама-каршы
турууну жана, өз кезегинде, динге ишенген массанын бири
биринен четтөөсүн, өз ара түшүнүшбөөчүлүгүн пайда
кылат. Ошондуктан ушул себеп менен, Филофейдин
ачылышын кандай жагдайда болбосун — же космос
монахын каргышка тартып жана ошону менен саясий
капитал жыйнап, же Кассандра тамгасынын ачылышын өз
доктринасына ыңгайлаштырып, ошонун өзү менен
культтун диапозонун кеңейтүү жана динге ишенгендерге
өз таасирин арбытуу үчүн ар бир динде белгилүү бир
күчтөр табылат, деп ойлоду Роберт Борк.
Башында тийди-качты болуп, андан соң улам
кайталанып, өлкөлөрдү кыдырып жүргөндө, ар кандай эл
аралык илимий конференцияларда кыйнала ойлонуп,
бирок анысын түз айтууга батына албай жүргөн" ойлор
башына келгенин ал кайрадан эстеди. Эгер жер жузүндөгү
ар бир адам бардык динди күтүнүүгө эрктүү болсо, эгер
адамга бардык жерде эч нерсе менен регламенттелбеген,
эгер ал, албетте, Кудайга ишенсе, бардык болгон диндерге
бирдей өлчөмдө жана бирдей «статус» менен таандык
болуу укугу берилген болсо, ал башка бардык динди
тааныбаган кайсы бир айрым конфессиянын, же сектанын
жактоочусу болбостон, дүйнөлүк диндердин
ассамблеясынын мүчөсү боло алса жана ал өзүн христиан
да, мусулман да, буддист да, иудаист да деп санай алса
жана эч кандай шылтоосуз алардын баары тарабынан
таанылган болсо, жана ушул катардагы ишенимдерге жана
диндерге — анын сүйүүсү жана сый-урматы болсо, анын
өзүн ошол культтардын баарысы тааныса, жана ал
алардын идеялары менен нормаларын, бирок сектанттык
эмес, обочолонбогон, а жалпы диндик идеялары менен
нормаларын эркин кабылдаса эмне болмок, айрым
students.com. kg 108инсандын турмушу кандай нукка түшмөк, адам
тагдырлары кандай абалда болмок деген ойлор эле. Анда
адамдар ортосунда диний мүнөздөгү тымызын жана ачык
тоскоолдуктар болмок эмес, бул өтө ири шаарлардагы
жана эл жыш жашаган өлкөлөрдөгү көп динди карманган
аралаш коомдор үчүн өтө маанилүү. Балким иштин
мындай абалы адам жашоосун кыйла жеңилдетип,
шайкештикке келтирет беле? Балким бардык диндер өз
алдынча жана бири бири менен жөөлөшпөй, жүйөөлөшө,
адамды утурлап чыга турган ушундай бир учур, ушундай
бир тарыхый доор келгендир? Ошондо 20-кылымдын
аягындагы адам мурдагы муундардан айырмаланып,
бардык диндер меники, мен бардык диндерди тутунам,
мен бардык культтардын бардык ибадатканасына кирип
сыйынууга акылуумун, бардык ибадатканаларда мен жат
эмес зыяратчымын деп айтууга акылуу болор... Мен
христиан болуп туулгам, чокундурулгам, курандын
сүрөөсү менен көмүлөм, бүгүн мен православныйлар
менен православныймын, кечээ мусулмандар арасында
мусулман элем, Жапонияда Буддага тайынгам, Швецияда
Лютердин тезистерин кайталагам. .. Кудайга болгон
ишенимимде мен эч кимге жат эмесмин жана бизди
Жаратканга адамдын бардык тилдерде жана наречиелерде
кайрылган дубаларынын мага жаты жок. Бардыгыбызды
бирдей тыңдаган, биздин жасаган жаман иштерибизден
бирдей азап чеккен жана биздин акыл-паразатыбызга жана
жакшы иштерибизге жараша бардыгыбыз үчүн Ааламдын
эшиги бирдей ачкан Жаратканга мен жат эмесмин...
Диндик жалпылык бир дагы динде Кудай идеясын
солгундатмак эмес, тескерисинче, ага универсал, ачык,
динамикалуу сапат бермек, жана баарыдан маанилүүсү —
жакшынакай теорияларда эле эмес, диндин баштапкы
маңызындагы, жасаган иштериндеги анын адамды
сүйүүчү негизин ачмак...
students.com. kg 109Бул баарыдан мурда таң калыштуу, а балким сандырак
идея экендигин, ал ишке ашпасын, бул жөнүндө өзүнчө,
ичтен ойлонууга гана болорун, буга окшогон глобалдуу
ойду айтууда, динге өтө берилгендердин намысына,
жашоо ыңгайына шек кетирбөө үчүн, мындай идея адамды
дал кылып саларын эске алып, өтө сак болуу керектигин,
албетте, Борк түшүнчү. Дал мына ушул себептен улам
футуролог Борк көңүлүнүн тереңинде уялаган ойлорун
ачыкка чыгарбай келатат. Диний космополитизмдин
актуалдуулугу чындыктын өзү катары, адамдардын жана
диндердин жаңы руханнй байланышынын өтө зарыл
модели катары өзүнөн өзү дайын болуп турганда да
айтууга оозун белеңдеп келип, карманып калган. Бул
Кудайды издөөдөгү, башкалардан «озунууга» умтулган
атаандаш культтардын ар беткей аракеттери эмес,
биргелешкен кадамы болмок.
Жеке көп конфессиялуулук идеясы культтук
иерархиялардын укмуштай ачуусун келтирерин, кандай
ызы-чуу көтөрүлөрүн, анын шордуу башына кандай
таштар атыларын, кандай күнөөлөр, кандай айыптар
коюларын, кандай дүйнөлүк ересь менен айыпталарын ал
жакшы түшүнөт. Эгер өзүмчүлдүк менен пайдакечтик
адам табиятына башынан таандык болсо жана
биологиялык сапатына жакындап турса, мындай аракеттер
боло турганынан кенедейча шек санабаш керек. Ошондо
өзүнүн улуу пайгамбары үчүн ыза болгон, башка
диндердин кайдыгерлиги менен колдоого ээ болгон
мусулман иерархиясы тарабынан өлүм жазасына
тартылган шордуу Салман Рушдинин тагдыры аныкына
караганда алда канча жеңил болор эле: канткен менен да
Салман Рушди азырынча баш калкалай турган жай тапты,
а эгер динге берилгендердин көп диндүүлүккө келишин
жактаган адамдын андай мүмкүнчүлүгү болбой калышы
да толук ыктымал эмеспи, ошондо жаалданган культтар
students.com. kg 110тарабынан бардык жерден куугунтукталган жана бардык
жерден айдалган ал еретикке жер жүзүнөн шордуу башын
ката турган орун табылбайбы, ал турук ала турган жер эч
качан, эч жерде болбойбу? «Мындайда сага космоско,
Филофейге кире качуу гана калмак, — деп өзүн өзү
шылдыңдай ойго батты Роберт Борк, анан капысынан
башына бир ой кылт эте калды: — Анан калса тагдыр
Филофейди те кол жеткис бийиктиктен адамдарга
кашкайган чындыкты айтуу үчүн космостук орбитага
чыгаргандыр? »
Мына ушундай ойлор менен алек болуп жатып, Борк
аз жерден шайлоо алдындагы жолугушуунун
трансляциясынын башталышын өткөрүп жибере жаздады.
Саатын караса алты болуп калыптыр. Ал конок үйгө
телевизорго жөнөдү. Дал учурунда келиптир! Алып
баруучу телекөрүүчүлөрдү «Альфа-Бейсбол» спорт
залынан президенттикке өз алдынча кандидат Оливер
Ордоктун шайлоочулар менен жолугушуусун түз алып
берүүнү көрүүгө экранга чакырды.
Аңгыча спорт залдын эл жайнаган панорамасы
көрүндү. Кылкылдаган элге сан жетпейт. Эфирден
аарынын уюгундагыдай басыңкы гүүлдөгөн үн угулду.
Борктун көз алдынан адам жүздөрү, кандай олтургандары,
миңдеген ар кыл түстөгү адамдар жылып өтүп жатты.
Жолугушуу өтчү жердин жасалгасы кандидаттын
командасынын дурус иштегендигин айтып турду. Спорт
залдын кумпасы алдында Ордоктун жылмайган портрети
тартылган зор аба шары илинген. Ар кай жерде: «Ал
букаралардын таламын билет», «Ордок — эртеңки
президент! », «Ордок жаңы экологиялык проблеманы
сунуш кылат», «Жумушсуздар Ордокко ишенет!»,
«Феминисткалар приоритет талап кылышат!»,
«Добушубузду өзүбүздүн Ордокко берели! » жана дагы
ушу сыяктуу транспаранттар. Операторлор плакаттарды
students.com. kg 111ири планда көрсөтүшүп, чебер иштешиптир.
Буга окшогон эли көп жолугушууга ылайык баары
шайма-шай өтө баштады. Ызы-чуу, эстрада музыкасы,
комментаторлордун шайдоот үндөрү, тартипти көз
ирмебей карап турган полицейскийлер. Оливер Ордоктун
өзүнүн олтурушу да салтанаттын себепкерине татыктуу.
Анын кыймыл-аракеттери ишенимдүү, өзү орто бойлуу
неме булчуңдуу, тамырлары баржайган мойнун
койкойтуп, башын жогору көтөрүп сыймыктуу олтурат.
Кубарынкы, жаланган эринине жылмаюусу жарашык
берип, ошол эле жандуу жылмаюусунун ары жагындагы
аярлыгы менен чапчаңдыгын көздөрү сырдуу жашырып
турду. Ал боюнун кыскалыгын сергектиги, кыймыл-
аракетинин шайкештиги, үнүнүн бөтөнчө жагымдуулугу
менен толуктаган тиш каккан конферансьени эске салды.
Ордок залдын жакшы ниеттүү кол чабуулары алдында,
жандай басышкан кеңешчилери менен жардамчыларынын
коштоосунда трибунага барды. Президенттикке кандидат
көрүнөр замат топтошун турушкан фоторепортерлор
жабалактап аны мээлешип, аппараттарын
шыркылдатышып, жарк этмелерин жаркылдатышып, жан
алакетке түшүп калышты. Эфир убактысынын бир
минутка жетип-жетпеген мезгили ичинде эл менен
жолугушуунун атмосферасы митинг башталар алдында
кандай болушу керек болсо дал ошондой болду жана бул
аракеттеги америкалык демократияны, шайлоо алдындагы
кампаниянын иштиктүүлүгүн дагы бир ирет айгинеледи.
Эмне экени түшүнүксүз бир күн кечке тынчсызданган,
зарыгып ичтен тына күткөн Борктун жүрөгү болуп
жаткандарды көрүп, ылдыйлай түштү, өзүн ашкере
санаакорлугу үчүн жемеледи.
Анан чынында эле бүт көңүлү жалгыз Оливер
Ордокко бөлүнгөн элдин бул массасында, микрофондор
күчөткөн анын сөзү эбегейсиз кенен залды жаңыртып,
students.com. kg 112тизмектеше жалындап агылып жатканда, адисинен ашып
кетчү бир нерсени байкоо кыйын эле. Ордок кыйла дурус
сүйлөп жатты, актуалдуу проблемаларды козгоду, сөзү
бутага тийгенде, элдин көңүлүндөгү көйгөйдү айтканда
анын сөзү бир нече ирет кол чабуулар менен токтотулду.
Президенттикке кандидат өзүнө саясий ишеним алуу үчүн
колунан келгендин баарын жасады: көпчүлүктү
канааттандырууга, көңүлүн бурууга, багынтууга
аракеттенди. Ал мөөнөтү бүтүп бараткан президентти
аеосуз сындады, сенаторлорду, массалык маалымдоо
каражаттарын, кайсы бир корпорациялар менен
компанияларды, финансы структураларын сындады;
булардын баары бирге жана айрым-айрым бир нерсени
аягына жеткире жасабаган, бир нерсени баштап коюп
бүтүрбөгөн, кирешелерди жашырган, мына бул
олтургандарды мүмкүн болгон байлыктан ажыратышкан
немелер, а бул болсо ушунун баарын калыбына
келтирүүгө жана көп эселентип кайтарып берүүгө убада
берди. Сөзүнүн ушул жери күчтүү чыкты, зал бутүндөй
толкуду, Ордоктун арааны жүрүп, эл алдында жылдызы
жанды. Анын ооматы жүрдү.
Роберт Борк экөөнүн кечээги телефондо сүйлөшкөн
сөздөрүн канчалык деңгээлде эсине тута алгандыгын
билүү үчүн Ордокту тап жылдырбай байкап олтурду. Жок,
космос монахынын кайрылуусу жөнүндө Ордок азырынча
ооз ачпады. Балким ушунусу да туурадыр, мүмкүн,
мындай чоң саясий жыйында андай маселени козгоп
кереги да жоктур? Балким Ордок, көпчүлүктү сөзгө
кызыктырып арбап, күнүмдүк жашоонун актуалдуу
проблемаларынын чытырман токоюна алып кетип, ошону
менен регламенттин аягына чыгайын деп жатты бекен?
Бирок кандай болгондо да көпчүлүктү алаксытып,
Филофейдин феноменинен кыйгап өтүү Ордоктун колунан
келбеди. Залдагы микрофондон берилген эң алгачкы суроо
students.com. kg 113дал ошол жөнүндө болду:
— Мистер Ордок, — деген аялдын шыңгыраган үнү
угулду. — Менин атым Анна Смит, мектепте мугалиммин.
«Трибюнга» жарыяланган космос монахы Филофейдин
кайрылуусу жөнүндө сиздин оюңуз кандай, ошону айта
алар бекенсиз? — Аял баскылыктагы микрофондун
жанында түптүз болуп, өрөпкүп турду.
Капысынан катуу толкун урган кемедегидей болуп,
залдагы эл козголо түштү. Гүүлдөй чыккан үндөр бат эле
басылып, жооп күтүп калды. Бул демейде бурулуш деп
атап койчу учур эле.
—Ооба, урматтуу Анна Смит, — деди бир тынымдан
кийин Оливер Ордок, заматта бою жыйрылып, өңү
өзгөрүлө түшүп, — мен ал документти окуп чыктым жана
ал жөнүндө көп ойлондум. Биздин жолугушууда да
мындай суроо берилерин күткөм, жашырганда эмне,
албетте шайлоо алдындагы кампанияга анын түздөн түз
тиешеси жок деңизчи. Бирок силердин тынчыңарды алган
нерсе, урматтуу шайлоочулар, мени да кайдыгер
калтырбайт. Анын үстүнө бул маселе, менин оюмча,
бардыгына мүлдө тиешелүү. Анан ушуга байланыштуу
айтайын деген оюм мындай, — деп сөзүн улады Ордок. —
Албетте мен бул сыяктуу саясаттан алыс проблемага анча
кунт койгон жокмун. Бирок, менин оюмча, монахтын,
тактап айтканда, азыркы учурдун чоң окумуштуусу
Филофейдин ачылышы адам баласы үчүн сыноо мезгили
келгендигин айтып турат. Биз өзүбүздү ашыра баалап
жибериппиз, аттиң. Баарыңыздар газетаны окудуңуздар,
сөз эмне жөнүндө экенин билесиздер. Филофейдин берген
белгисин жакындап келаткан катастрофа жөнүндө
эскертүү катары кабыл алуу керек. Ушундай эмеспи!
Бул учурда телеобъективдер көздөрүнөн бир нерсени
кооптоно күтүп олтургандардын жүздөрүн, ар кандай
абалдагы учурларын чоңойто көрсөтүп, залда жылып
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

жетилип келаткан, анан өзү жөнүндө билдирүү үчүн
тымызын кубат жыйнай баштаган бир окуя астыртан
жакындап келатты. Бул үчүн адамдар бирге чогулушу
керек эле, болушунча көп сандаган эл чогулуп, болушунча
бирдиктүү, деми ысык массанын тегерегине жыш жана
тыкыс топтолушу керек болчу.
Роберт Борк саатын карап коюп жатты жана Ордоктун
шайлоочулар менен алдыда болуучу жолугушуусун
ушунчалык бир толкундануу менен, президенттик
креслого жетүү үчүн Борк өзү сөз сүйлөчүдөй, газетчилер
айткандай, өтүп жаткан учурду колго алып, элдин
ишеними менен колдоосуна ээ болууну алдына максат
кылгандай болуп жатканын байкады. Эмне үчүн, кай себеп
менен мынча өрөпкүп жатканын Борк өзү да түшүнбөдү.
Бар болгону шайлоо алдындагы кампаниянын
жүрүшүндөгү демейдеги иш-чаралардын бири — бөтөнчө
эч нерсеси жок. Анан калса дегеле бул жөнүндө ойлоп
кереги бар беле? Катардагы окуяга мынча маани берүүнүн,
ага эч бир тиешеси жок нерсе үчүн мынча өрөпкүүнүн
кереги бар беле? Апендичилиги да! Күйөрман болуп чыга
келгенин кара.
Бирок ал өзүн канчалык табалабасын санаасы ордуна
келбеди, ал жанын коерго жер таппады. Ал сыртка
чыккысы, ээн бакка баргысы келе берди, адатта алыс
барбай, ары-бери басып, же кумга сырлуу белгилерди
чиймелеп, ачык терезе аркылуу ойнотмодон чыккан
музыкага кулак түрө турган, Ал азыр да угуп жатты.
Бетховендин симфониясынан, анын космостук
кенендигинен жана кубатынан ал көңүл жубатар
бейкуттукту издөөчү, музыка көп ирет боло жүргөндөй,
аны алаксытарына, башка дүйнөгө, башка ой-санааларга,
күтүүсүз ойлор менен кыялдарга алып кетерине ишенчү,
анткени ал бул жерде далай ирет ошентип өзү менен өзү
болор эле. Музыка — бул күндүн кубатынын сансыз
students.com. kg 104трансформацияларынын бири, ал Ааламдын түпкүрүнөн
чыгат, а композитор болсо, радар катары, музыканы
космостон угат, аны формага салат, шайкештик берет,
конкрет угулгандай кылат деп ой жүгүрткөнду жакшы
көрүүчү. Башкача айтканда, музыка — бул ааламдагы
Мейкиндик менен Мезгилдин үнгө айланышы. Албетте ал
өзүнүн бул «ачылыштарын» эч кимге айтчу эмес, айтса
кишилер ага күлүшмөк. Ал турсун Жесси да билчү эмес.
Анын дагы бир теориясы боло турган, аны да эч кимге
айтчу эмес, бирок кээде ал тууралуу бирөөгө сыр ачкысы
келчу: музыка, деп ойлоочу ал кээде, адамдарга анын
өмүрүнүн трагедиялуу кыскалыгынын кенемтесин
толуктоо үчүн берилген. Адам музыка угуп жатканда, ага
берилип кеткенде, ал адамдан тышкаркы категорияга өтөт,
ал түбөлүктүүлуктун агымына кошулат, анан анын өмүрү
узарат, түбөлүктүүлүк менен жолукканда, балким,
ондогон жылдарга, жүздөгөн жылдарга жана андан көпкө
узарат, бирок биз билгендей өлчөмдө эмес, али табияты
ачыла элек өлчөмдө узарат. А балким анын табияты эч
качан ачылбай калат.
Бул жолу музыканы мындай кабылдоого белгилүү бир
ыңгай, белгилүү бир маанай, дуба окуу алдындагыдай,
деңизге сапарга чыгар алдындагыдай маанай керек
экендигин Борк түшүндү... Ага бүгүн дал ошолор жетпей
турган. Ошентип музыка да жардам бербеди. Анын үстунө
Жесси кармалып жатты. Иш аяктап, элдин баары
үйлөрүнө кайтып, ошого байланыштуу жолдордо кыймыл
кычап, тоскоолдуктар көбөйүп турган чак эле. Борк дагы
үйдө тоскоолдукка кабылгандай болду. Иш жылбады,
ошентип тез бүтүрүүчү нерсесин кармоого колу барбады.
«Трибюн» ал убада кылган макаланы болушунча тезирээк
алгысы келди. Ал болсо газет беттеринде сенсациянын
түшүмүш кечиктирбей алуу керектигин билип туруп эле
өзүн компьютерге олтурууга мажбурлай албады. Анча эле
students.com. kg 105болсо, дагы түн ичинде иштейм, газетаны уятка
калтырбайм деп өзүн ынандырып, улам ары жылдыра
берди. Өкүндү, жан алакетке түштү жана ошону менен
бирге кагазга мыкты текст түшөт деп тымызын ичинен
кымыңдады; ал муну өзүнөн сезип турду, текст анын
башында жаандан кийинки чөптөй өсүп жатты. Макала
өзү эле кагазга түшүүнү суранып турду.
Ал күтүшү тийиш болбогон, ага тиешеси жок нерсени
зарыга күтүп, иш кылбады. Бул шаардын калкы эң жыш
жашаган бөлүгүндө, ичине ал шыкалган белгилүү
спортзалда өтүүчү шайлоо алдындагы зор митинг,
эмнегедир анын үйүнүн жанында, террасада, газондордо,
анын ээн багында өтчүдөй сезилди. Анын үйүн калың
масса курчап алып, демин кысып жаткансыды. .. Ал өзүн
өзү параноик деп тилдеди. Болбосо кантип ушундай
элестесин көзгө?
students.com. kg 106Ал бирде үйгө кирип, бирде кайра сыртка чыгып,
аркы-терки баса берди, саатын карайт, жыбылжыган
музыка кулагынын сыртынан кетип жатат, телефондун
кыйлага тынбай шыңгыраганына карабай, жооп бербеди.
Конок үйдөгү чоң телевизорго жакындабады, алдын-ала
аны койгусу келбеди; бул учурда сансыз каналдарда эмне
берилип жактанын карабай туруп эле айтса болмок —
баягы эле телетополоң да... Жесси дале кармалууда. .. Ал
жанын коерго жер таппады, оюн бир жерге топтой албады.
Бирок олуттуу ойлор да келе калып жатты. Мисалы,
университетте, ал эле эмес «Трибюндун» журналисттери
менен болгон маекте эмнегедир космос монахы
Филофейдин кайрылуусу жеке Рим папасына
багышталганы козголгон жок деп ойлоп койду. А
чындыгында муну менен Рим папасы өтө татаал абалда
калгандыгын оңой түшүнсө болот да — эмне кылуу керек,
мындай адаттан тышкаркы, ал турсун арты чуулуу болуп
калуучу кайдагы бир өзүн монахмын деп атаган неменин
кайрылуусуна пресса аркылуу жооп бериш керекпи, же
жокпу, ал эми жооп берүү керек болсо эмне деп бериши
керек?
Кассандро- эмбриондордун проблемасы бардык
жердеги талкуулар менен талаш-тартыштардын предмети
болгондо, ар кандай диндерде болуп көрбөгөндөй
толкуулар башталышы мүмкүн экендигин Роберт Борк көз
алдына даана келтирди. Филофейдин ачылышынын
жолунда турган коркунучтардын бири ушул болучу.
Анткени Кудай менен кол жетпес биригүүнү чаңкаган
адам рухунун түбөлүк умтулуусунун азабын да, асылын да
өзүнө камтыган диндердин ошол эле даражада өз билгени
бар — Кудай Кудайы менен, анан калса Кудай жалпыга
бир, бирок өздүкү өздөй, өзгөнүкү — бул өзгөнүкү, өз
менен өзгө — сыйышпас нерселер. Ар кандай диндердин
чындыкка ээ болуудагы өз приоритеттерин аныктаарда
students.com. kg 107калыстыктан таюучулугу, куру намыстуулугу,
өзүмчүлдүгү да мына ушундан, бул негизннен дин
төбөлдөрүнүн дүйнөлүк структураларында карама-каршы
турууну жана, өз кезегинде, динге ишенген массанын бири
биринен четтөөсүн, өз ара түшүнүшбөөчүлүгүн пайда
кылат. Ошондуктан ушул себеп менен, Филофейдин
ачылышын кандай жагдайда болбосун — же космос
монахын каргышка тартып жана ошону менен саясий
капитал жыйнап, же Кассандра тамгасынын ачылышын өз
доктринасына ыңгайлаштырып, ошонун өзү менен
культтун диапозонун кеңейтүү жана динге ишенгендерге
өз таасирин арбытуу үчүн ар бир динде белгилүү бир
күчтөр табылат, деп ойлоду Роберт Борк.
Башында тийди-качты болуп, андан соң улам
кайталанып, өлкөлөрдү кыдырып жүргөндө, ар кандай эл
аралык илимий конференцияларда кыйнала ойлонуп,
бирок анысын түз айтууга батына албай жүргөн" ойлор
башына келгенин ал кайрадан эстеди. Эгер жер жузүндөгү
ар бир адам бардык динди күтүнүүгө эрктүү болсо, эгер
адамга бардык жерде эч нерсе менен регламенттелбеген,
эгер ал, албетте, Кудайга ишенсе, бардык болгон диндерге
бирдей өлчөмдө жана бирдей «статус» менен таандык
болуу укугу берилген болсо, ал башка бардык динди
тааныбаган кайсы бир айрым конфессиянын, же сектанын
жактоочусу болбостон, дүйнөлүк диндердин
ассамблеясынын мүчөсү боло алса жана ал өзүн христиан
да, мусулман да, буддист да, иудаист да деп санай алса
жана эч кандай шылтоосуз алардын баары тарабынан
таанылган болсо, жана ушул катардагы ишенимдерге жана
диндерге — анын сүйүүсү жана сый-урматы болсо, анын
өзүн ошол культтардын баарысы тааныса, жана ал
алардын идеялары менен нормаларын, бирок сектанттык
эмес, обочолонбогон, а жалпы диндик идеялары менен
нормаларын эркин кабылдаса эмне болмок, айрым
students.com. kg 108инсандын турмушу кандай нукка түшмөк, адам
тагдырлары кандай абалда болмок деген ойлор эле. Анда
адамдар ортосунда диний мүнөздөгү тымызын жана ачык
тоскоолдуктар болмок эмес, бул өтө ири шаарлардагы
жана эл жыш жашаган өлкөлөрдөгү көп динди карманган
аралаш коомдор үчүн өтө маанилүү. Балким иштин
мындай абалы адам жашоосун кыйла жеңилдетип,
шайкештикке келтирет беле? Балким бардык диндер өз
алдынча жана бири бири менен жөөлөшпөй, жүйөөлөшө,
адамды утурлап чыга турган ушундай бир учур, ушундай
бир тарыхый доор келгендир? Ошондо 20-кылымдын
аягындагы адам мурдагы муундардан айырмаланып,
бардык диндер меники, мен бардык диндерди тутунам,
мен бардык культтардын бардык ибадатканасына кирип
сыйынууга акылуумун, бардык ибадатканаларда мен жат
эмес зыяратчымын деп айтууга акылуу болор... Мен
христиан болуп туулгам, чокундурулгам, курандын
сүрөөсү менен көмүлөм, бүгүн мен православныйлар
менен православныймын, кечээ мусулмандар арасында
мусулман элем, Жапонияда Буддага тайынгам, Швецияда
Лютердин тезистерин кайталагам. .. Кудайга болгон
ишенимимде мен эч кимге жат эмесмин жана бизди
Жаратканга адамдын бардык тилдерде жана наречиелерде
кайрылган дубаларынын мага жаты жок. Бардыгыбызды
бирдей тыңдаган, биздин жасаган жаман иштерибизден
бирдей азап чеккен жана биздин акыл-паразатыбызга жана
жакшы иштерибизге жараша бардыгыбыз үчүн Ааламдын
эшиги бирдей ачкан Жаратканга мен жат эмесмин...
Диндик жалпылык бир дагы динде Кудай идеясын
солгундатмак эмес, тескерисинче, ага универсал, ачык,
динамикалуу сапат бермек, жана баарыдан маанилүүсү —
жакшынакай теорияларда эле эмес, диндин баштапкы
маңызындагы, жасаган иштериндеги анын адамды
сүйүүчү негизин ачмак...
students.com. kg 109Бул баарыдан мурда таң калыштуу, а балким сандырак
идея экендигин, ал ишке ашпасын, бул жөнүндө өзүнчө,
ичтен ойлонууга гана болорун, буга окшогон глобалдуу
ойду айтууда, динге өтө берилгендердин намысына,
жашоо ыңгайына шек кетирбөө үчүн, мындай идея адамды
дал кылып саларын эске алып, өтө сак болуу керектигин,
албетте, Борк түшүнчү. Дал мына ушул себептен улам
футуролог Борк көңүлүнүн тереңинде уялаган ойлорун
ачыкка чыгарбай келатат. Диний космополитизмдин
актуалдуулугу чындыктын өзү катары, адамдардын жана
диндердин жаңы руханнй байланышынын өтө зарыл
модели катары өзүнөн өзү дайын болуп турганда да
айтууга оозун белеңдеп келип, карманып калган. Бул
Кудайды издөөдөгү, башкалардан «озунууга» умтулган
атаандаш культтардын ар беткей аракеттери эмес,
биргелешкен кадамы болмок.
Жеке көп конфессиялуулук идеясы культтук
иерархиялардын укмуштай ачуусун келтирерин, кандай
ызы-чуу көтөрүлөрүн, анын шордуу башына кандай
таштар атыларын, кандай күнөөлөр, кандай айыптар
коюларын, кандай дүйнөлүк ересь менен айыпталарын ал
жакшы түшүнөт. Эгер өзүмчүлдүк менен пайдакечтик
адам табиятына башынан таандык болсо жана
биологиялык сапатына жакындап турса, мындай аракеттер
боло турганынан кенедейча шек санабаш керек. Ошондо
өзүнүн улуу пайгамбары үчүн ыза болгон, башка
диндердин кайдыгерлиги менен колдоого ээ болгон
мусулман иерархиясы тарабынан өлүм жазасына
тартылган шордуу Салман Рушдинин тагдыры аныкына
караганда алда канча жеңил болор эле: канткен менен да
Салман Рушди азырынча баш калкалай турган жай тапты,
а эгер динге берилгендердин көп диндүүлүккө келишин
жактаган адамдын андай мүмкүнчүлүгү болбой калышы
да толук ыктымал эмеспи, ошондо жаалданган культтар
students.com. kg 110тарабынан бардык жерден куугунтукталган жана бардык
жерден айдалган ал еретикке жер жүзүнөн шордуу башын
ката турган орун табылбайбы, ал турук ала турган жер эч
качан, эч жерде болбойбу? «Мындайда сага космоско,
Филофейге кире качуу гана калмак, — деп өзүн өзү
шылдыңдай ойго батты Роберт Борк, анан капысынан
башына бир ой кылт эте калды: — Анан калса тагдыр
Филофейди те кол жеткис бийиктиктен адамдарга
кашкайган чындыкты айтуу үчүн космостук орбитага
чыгаргандыр? »
Мына ушундай ойлор менен алек болуп жатып, Борк
аз жерден шайлоо алдындагы жолугушуунун
трансляциясынын башталышын өткөрүп жибере жаздады.
Саатын караса алты болуп калыптыр. Ал конок үйгө
телевизорго жөнөдү. Дал учурунда келиптир! Алып
баруучу телекөрүүчүлөрдү «Альфа-Бейсбол» спорт
залынан президенттикке өз алдынча кандидат Оливер
Ордоктун шайлоочулар менен жолугушуусун түз алып
берүүнү көрүүгө экранга чакырды.
Аңгыча спорт залдын эл жайнаган панорамасы
көрүндү. Кылкылдаган элге сан жетпейт. Эфирден
аарынын уюгундагыдай басыңкы гүүлдөгөн үн угулду.
Борктун көз алдынан адам жүздөрү, кандай олтургандары,
миңдеген ар кыл түстөгү адамдар жылып өтүп жатты.
Жолугушуу өтчү жердин жасалгасы кандидаттын
командасынын дурус иштегендигин айтып турду. Спорт
залдын кумпасы алдында Ордоктун жылмайган портрети
тартылган зор аба шары илинген. Ар кай жерде: «Ал
букаралардын таламын билет», «Ордок — эртеңки
президент! », «Ордок жаңы экологиялык проблеманы
сунуш кылат», «Жумушсуздар Ордокко ишенет!»,
«Феминисткалар приоритет талап кылышат!»,
«Добушубузду өзүбүздүн Ордокко берели! » жана дагы
ушу сыяктуу транспаранттар. Операторлор плакаттарды
students.com. kg 111ири планда көрсөтүшүп, чебер иштешиптир.
Буга окшогон эли көп жолугушууга ылайык баары
шайма-шай өтө баштады. Ызы-чуу, эстрада музыкасы,
комментаторлордун шайдоот үндөрү, тартипти көз
ирмебей карап турган полицейскийлер. Оливер Ордоктун
өзүнүн олтурушу да салтанаттын себепкерине татыктуу.
Анын кыймыл-аракеттери ишенимдүү, өзү орто бойлуу
неме булчуңдуу, тамырлары баржайган мойнун
койкойтуп, башын жогору көтөрүп сыймыктуу олтурат.
Кубарынкы, жаланган эринине жылмаюусу жарашык
берип, ошол эле жандуу жылмаюусунун ары жагындагы
аярлыгы менен чапчаңдыгын көздөрү сырдуу жашырып
турду. Ал боюнун кыскалыгын сергектиги, кыймыл-
аракетинин шайкештиги, үнүнүн бөтөнчө жагымдуулугу
менен толуктаган тиш каккан конферансьени эске салды.
Ордок залдын жакшы ниеттүү кол чабуулары алдында,
жандай басышкан кеңешчилери менен жардамчыларынын
коштоосунда трибунага барды. Президенттикке кандидат
көрүнөр замат топтошун турушкан фоторепортерлор
жабалактап аны мээлешип, аппараттарын
шыркылдатышып, жарк этмелерин жаркылдатышып, жан
алакетке түшүп калышты. Эфир убактысынын бир
минутка жетип-жетпеген мезгили ичинде эл менен
жолугушуунун атмосферасы митинг башталар алдында
кандай болушу керек болсо дал ошондой болду жана бул
аракеттеги америкалык демократияны, шайлоо алдындагы
кампаниянын иштиктүүлүгүн дагы бир ирет айгинеледи.
Эмне экени түшүнүксүз бир күн кечке тынчсызданган,
зарыгып ичтен тына күткөн Борктун жүрөгү болуп
жаткандарды көрүп, ылдыйлай түштү, өзүн ашкере
санаакорлугу үчүн жемеледи.
Анан чынында эле бүт көңүлү жалгыз Оливер
Ордокко бөлүнгөн элдин бул массасында, микрофондор
күчөткөн анын сөзү эбегейсиз кенен залды жаңыртып,
students.com. kg 112тизмектеше жалындап агылып жатканда, адисинен ашып
кетчү бир нерсени байкоо кыйын эле. Ордок кыйла дурус
сүйлөп жатты, актуалдуу проблемаларды козгоду, сөзү
бутага тийгенде, элдин көңүлүндөгү көйгөйдү айтканда
анын сөзү бир нече ирет кол чабуулар менен токтотулду.
Президенттикке кандидат өзүнө саясий ишеним алуу үчүн
колунан келгендин баарын жасады: көпчүлүктү
канааттандырууга, көңүлүн бурууга, багынтууга
аракеттенди. Ал мөөнөтү бүтүп бараткан президентти
аеосуз сындады, сенаторлорду, массалык маалымдоо
каражаттарын, кайсы бир корпорациялар менен
компанияларды, финансы структураларын сындады;
булардын баары бирге жана айрым-айрым бир нерсени
аягына жеткире жасабаган, бир нерсени баштап коюп
бүтүрбөгөн, кирешелерди жашырган, мына бул
олтургандарды мүмкүн болгон байлыктан ажыратышкан
немелер, а бул болсо ушунун баарын калыбына
келтирүүгө жана көп эселентип кайтарып берүүгө убада
берди. Сөзүнүн ушул жери күчтүү чыкты, зал бутүндөй
толкуду, Ордоктун арааны жүрүп, эл алдында жылдызы
жанды. Анын ооматы жүрдү.
Роберт Борк экөөнүн кечээги телефондо сүйлөшкөн
сөздөрүн канчалык деңгээлде эсине тута алгандыгын
билүү үчүн Ордокту тап жылдырбай байкап олтурду. Жок,
космос монахынын кайрылуусу жөнүндө Ордок азырынча
ооз ачпады. Балким ушунусу да туурадыр, мүмкүн,
мындай чоң саясий жыйында андай маселени козгоп
кереги да жоктур? Балким Ордок, көпчүлүктү сөзгө
кызыктырып арбап, күнүмдүк жашоонун актуалдуу
проблемаларынын чытырман токоюна алып кетип, ошону
менен регламенттин аягына чыгайын деп жатты бекен?
Бирок кандай болгондо да көпчүлүктү алаксытып,
Филофейдин феноменинен кыйгап өтүү Ордоктун колунан
келбеди. Залдагы микрофондон берилген эң алгачкы суроо
students.com. kg 113дал ошол жөнүндө болду:
— Мистер Ордок, — деген аялдын шыңгыраган үнү
угулду. — Менин атым Анна Смит, мектепте мугалиммин.
«Трибюнга» жарыяланган космос монахы Филофейдин
кайрылуусу жөнүндө сиздин оюңуз кандай, ошону айта
алар бекенсиз? — Аял баскылыктагы микрофондун
жанында түптүз болуп, өрөпкүп турду.
Капысынан катуу толкун урган кемедегидей болуп,
залдагы эл козголо түштү. Гүүлдөй чыккан үндөр бат эле
басылып, жооп күтүп калды. Бул демейде бурулуш деп
атап койчу учур эле.
—Ооба, урматтуу Анна Смит, — деди бир тынымдан
кийин Оливер Ордок, заматта бою жыйрылып, өңү
өзгөрүлө түшүп, — мен ал документти окуп чыктым жана
ал жөнүндө көп ойлондум. Биздин жолугушууда да
мындай суроо берилерин күткөм, жашырганда эмне,
албетте шайлоо алдындагы кампанияга анын түздөн түз
тиешеси жок деңизчи. Бирок силердин тынчыңарды алган
нерсе, урматтуу шайлоочулар, мени да кайдыгер
калтырбайт. Анын үстүнө бул маселе, менин оюмча,
бардыгына мүлдө тиешелүү. Анан ушуга байланыштуу
айтайын деген оюм мындай, — деп сөзүн улады Ордок. —
Албетте мен бул сыяктуу саясаттан алыс проблемага анча
кунт койгон жокмун. Бирок, менин оюмча, монахтын,
тактап айтканда, азыркы учурдун чоң окумуштуусу
Филофейдин ачылышы адам баласы үчүн сыноо мезгили
келгендигин айтып турат. Биз өзүбүздү ашыра баалап
жибериппиз, аттиң. Баарыңыздар газетаны окудуңуздар,
сөз эмне жөнүндө экенин билесиздер. Филофейдин берген
белгисин жакындап келаткан катастрофа жөнүндө
эскертүү катары кабыл алуу керек. Ушундай эмеспи!
Бул учурда телеобъективдер көздөрүнөн бир нерсени
кооптоно күтүп олтургандардын жүздөрүн, ар кандай
абалдагы учурларын чоңойто көрсөтүп, залда жылып
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

жүрдү. Роберт Борк ушул учурда залда болбой калганына
өкүнүп, экран алдында селейди. Ордок элди ынандыра
алар бекен?
—Анан эмне кылуу керек? — ден сурады мугалим аял
мемирей калган тынчтыкта.
Анын суроосу ак дилинен чыгып, аргасыздыгын
билдирип турду.
— Менин оюмча, — деди Оливер Ордок, — ар бир
адам өзү чечиши керек. — Зал уу-дуу боло түштү. — Ал
эми тереңдетип айтканда, — деп ой жүгүртө баштгады
Ордок, залдагы уу-дууну басууга аракеттенип, — анда,
албетте, мейли социалдык, мейли, Филофей билдиргендей,
биологиялык болсун, катастрофанын алдын алуу үчүн
тиешелүү программа иштеп чыгуубуз, кассандро-
эмбриондордун эсхатологиялык реакциясын, башкача
айтканда, жашоодон баш тартууга умтулуучу
кубулуштарга каршы күрөшүү чараларын көрүшүбүз
зарыл.
— Мага сөз бериңизчи! — деген дагы бир аялдын үнү
чыкты. Кайырма жака сары блузкачан, кулагында металл
сөйкө жаркылдаган кара чач, кара торусунан келген,
түрүнө караганда мулат деп ойлогудай бир аял кадамын
өтө чечкиндүү шилтеп, баскылыктагы микрофонго келди.
— Мен унчукпай кое албайм, жана да биз айтпай коюуга
тийиш эмеспиз! — деди ал эки жагын каранып. —Ооба,
биздин кварталдардагы жашообуз такыр жеңил эмес.
Бирок биз дайыма бала күтсөк деп, алардын төрөлгөнүнө
кубанып келгенбиз. Ошондуктан биздин бул жашообузга
эч ким кийлигишпесин! Космостогу монахтын эмне иши
бар?! Эмне үчүн ал менин жеке турмушума кийлигишет?
Мен буга таптакыр каршымын!
Залда кайрадан уу-дуу башталды, олтургандардын бир
даары туура дегендей баштарын ийкегилешти, айрымдары
орундарынан туруп, колдорун булгалашып,
students.com. kg 115жактагандыктарын билдиришти.
Ордок мулат аялды тынчытууга аракеттенди:
— Туура, мен сизди түшүнүп жатам, айым, бирок
Кассандра тамгасынын пайда болушу бизге баш ийбейт.
Биз аны болгон реалдуу чындык катары карашыбыз керек.
— Эгер келечектеги президенттин трибунасынан туруп
алып жанагы космостогу монахты жактайлы десек, анда
сөз башка! Анда ал быякка келсин, бизге, аялдарга, айтып
берсин, өзү барып алып бизди кекетип-мокотуп жаткан
асманына биз эмне күнөө кылган экенбиз! — аял
сөйкөлөрүн жаркылдата, ого бетер алкынып,
тегерегиндеги өзү менен тилектештерди дүүлүктүрдү.
Балким ал үйүндө да ушинтип ажылдаган немедир, а
балким анда үй да, эр да жок чыгар. «Бактысыз шордуу ай,
— деп күбүрөдү Роберт Борк,—кандай гана каргашалуу
жаңылыштык. Ал байкуш азап тартып жатат, аны түшүнсө
болот ».
Аял болсо баягыдан да күчөп, алкына берди:
— Ал даанышман окумуштуу деп айтууга сизге оңой.
Ал биздин көзүбүздү ачкан имиш. Ал эми мен үчүн
орбитадагы бул тип — акмак! — деп кыйкырды аял,
тилинен заар чыгып.
Ущул учурда уу-дуу болуп жаткан зал тып басылып,
көз ирмемге тымтырс боло калды. Эч ким аны тыйган жок,
эч ким коомдук тартиптин эрежесин сактоону эсине
салбады. Ыңгайсыз абалда калган Оливер Ордок да ал
жөнүндө эскертүүгө даабады. Аңгыча Америкада ошол
саатта телевизор көрүп олтургандардын көбүнүн оозун
ачырып, нес кылган көрүнүш болду.
— Мына, көргүлө, менин жашыра турган эч нерсем
жок, мына карагылачы, мен эмне кылышым керек?! — деп
кыйкырды аял, энтиге дем алып, анан өзүн чекеге сайып
көргөзүп. — Мына бир нече күндөн бери менин чекемде
жанагы балакет так, Кассандра тамгасы, космостогу
students.com. kg 116азезилдин айтуусу боюнча бул шүмшүк ушинтип аталат
имиш! — аялдын жүзү телеэкрандан ушул учурда ири
план менен чыга калды жана маңдайындагы жоболоңдуу
кочкул- кызыл так, кабар берип жаткансып, өчүп-жанып
даана көрүндү.
— Мен эмне гана кылбадым — бетмай да, упа да жаап
көрдүм, — деди аял эрдинин дирилдегенин алаканы менен
калкалап. — Пайдасыз. Жок кыла албай койдум. Күндүз
да, түн ичинде да! Демек мен жанагы космостогу
жексурдун көзөмөлүндө экемин да? Демек ал мени көзгө
сайгылап: көрүп ал, сенин түйүлдүгүң — сага каршы,
энесине каршы, жашоого каршы аны өлтүрсүн деп белги
берип жатат дегени тура! Демек ал туулгусу келбейт,
жашоодон коркот экен да? Ушундайбы? Анын жашоодон
көңүлүн калтырган ким, туула элек немени өлүмгө ким
түртөт, жарык дүйнөдөн баш тартууга аны ким мажбурлап
жатат? Ким менин жеке турмушума кийлигишкен? Мени
космостон туруп алып, кайдагы бир каргашалуу тапкыч
нурлар менен нурландырууга кандай акысы бар? Биз бул
жерде олтурабыз, ал болсо, жанагы бизге даанышман
деген Филофей космостон нурларын жиберип, аялдардан
кассандро- эмбриондорун издеп жатат. Бизди көзөмөлдөйт!
Бизди көзгө сайгылап, акмактыгыбызды ашкерелеп жатат!
Аргабыз канча? Мени жалгыз деп ойлойсуңарбы? Ушул
залда мага окшогон аялдар олтурушкан чыгар, мүмкүн
алар али маңдайында Кассандра тамгасы бар экенин
билишпес? ! Кана, эми эмне кыл дейсиңер, эл журт. Мен
кантишим керек? Жашоодон коркот экен деп ичимдеги
түйүлдүктү өлтүрөйүнбү? Демек мен, менин тагдырым,
менин жашоом ага бир тыйынча эмес экен да? Же мен ага
жерден бейиш даярдашым керекпи?! Кантип? Атаганат
андай болсо кана! Бирок дүйнөнү түз жолго салуу менин
колуман кантип келет? Же мен асынып өлүшүм керекпи?
— ушинтти да, аял буркурап ыйлап жиберди, башын
students.com. kg 117чайкагылап, чачын жула баштады. Алдыңкы катардан
кимдир бирөөлөр чуркап келип, кучактай кармап, алып
чыгып кетишти.
Залда кайрадан мемиреген тынчтык өкүм сүрдү.
Миңдеген кишилер үндөбөй олтурушту. Баары Оливер
Ордок жөнүндө таптакыр унутуп коюшкансыды.
Телекамералар трибунадагы аны көрсөтпөй, бирде
олтургандардын өңүнө үңүлүп, бирде жалпы панораманы
берип турду. Бир маалда экрандан Ордок көрүндү:
— Мен бул жерде бардык суроолорго жооп бере
алабыз деп ойлобойм. Мүмкүн атайын... — деп
келатканда, анын сөзүн залдан бирөөнүн үнү бузуп кетти:
— Кечиресиз, мистер Ордок, — деп кайрылды алыскы
бурчтагы микрофондон бир эркек, — менин айтайын
дегеним, сиз оюңузга эч жаман нерсе албаңыз. Биз сизди
колдойбуз, бирок көрүп турбайсызбы, баары тең катуу
санааркап жатышат. Мен өзүм врачмын, ошентсе да бул
бир укмуш экенин танбайм, бул аялды мен түшүнөм, анын
кайгысы катуу, жана мындайлар дагы канча дейсиз! Ал
өзү ким болбосун, кимдир бирөөнүн биздин турмушубузга
ушундайча кийлигишкени болобу?! Биринчиден бул
биздин Конституциябызды бузгандык. Суроо туулат: биз
демократиялык өлкөдө жашап жатабызбы, же жокпу? Биз
өзүбүзгө өзүбүз ээбизби, же жокпу? Адам укугун сактоо
деген кайда? Инсандын укугун тепсөөгө ким батына алат?
Мейли ал илимий концепция болгон күндө да, ким бизди
кайдагы бир теорияга жараша жашоого жана иш кылууга
мажбурлай алат? Эгер мен аны, жанагы концепцияны,
кабыл албасам, эгер ал менин таламдарыма туура келбесе,
анда мага лабораториялык жол менен тигил же бул жашоо
ыңгайын таңуулоого эч кимдин акысы жок. Мен
Филофейдин кайрылуусун кунт коюп окуп чыктым. Көп
ойлондум. Анан бул жерде, сизди өтө сыйлаганыма
карабай, сиз менен макул эмесмин, мистер Ордок. Мен
students.com. kg 118Филофейдин сунуштарын колдоого мүмкүн эмес деп
эсептеймин. Илимий көз караштан алганда, балким аныкы
туурадыр, бирок практикада — жок, аныкы туура эмес.
Тажрыйба жүргүзүүчү келемиштер биз эмеспиз!
— Туура айтат! Азамат! Абдан туура! — деп ордунан
кыйкырган үндөр угулду. Зал уу-чуу түшүп калды.
Телекамералар бирде тигил, бирде бул кыйкырып
жаткан шайлоочунун жүзүн көрсөтүп жатты. Бир учурда
телеоператор Ордокту ири план менен көрсөттү. Анын
кебетеси адамдын боору ооругандай эле. Ал залда
башталган ызы-чууну кантип басарын, эмне кыларын
билбей, трибунада айласы кетип турду. Анан дал ушул
минутада Борк Ордоктун бетинде кайрадан пайда болгон,
капысынан кайдандыр тээ ары жагынан чыга келген,
тымызын жинденгендиктин көзгө суук туундусун,
сорпонун тактарын байкады. Бетине чолосуз чачыраган
бул сорпо кызгылт күрөң тартып, ысык жана нымдуудай
көрүндү — алыстан, экрандан дал ушундай таасир
калтырды. Болуп жаткандарды, жүзүндөгү
ыпыласчылыктын булагы өздөрү экендигин адамдардын
билгиси келбегендигин көрүп туруп, Борк өзү жаман
болду. Ооба, Филофейдин четке кагууга мүмкүн болбогон
улуу ачылышын түшүнүүнү каалабагандык. Борк Ордокту
да чындап аяп кетти, ал өтө басмырланып, кемсингендей,
жылдызы жерге түшүп олтурду. «Жолу болбосо ушул да,
— деп Борк жолдошуна жаны ачыды. — Баарынан да эми
чөгүп кетпесе десен. Эптеп залды ишендирип, өз көз
карашын коргоп калса экен. Мына ошондо ал мурдагы
позициясын ээлейт. Бирок ошол колунан келээр бекен? О
Жараткан, бул эмнең! Биздин кендирибиз кесилген, бизде
күнөө жок, бирок биз өзүбүзгө келгенде керең жана сокур
бойдон калдык! Шордуу Филофей, азыр ушул залда болуп
калсачы! »
—Мистер Ордок, мен сизден суранам, өз атыман да,
students.com. kg 119эгер мага кошулушса, шайлоочулардын атынан да
суранам. Муну бул боюнча калтырууга болбойт! — деп
ызы-чууга карабай, баягы врачмын деген киши
микрофонго кыйкырды. — Американын граждандарына
кандай эксперимент болбосун жүргүзүүгө эч кимдин укугу
жок! Жанагы космостук монах деген неме жалпы
адамзатка карата айтып жатат, ал өз иши, биздики эмес. А
биз — америкалыкпыз. Биз — суверендүү адамдарбыз!
Кошмо Штаттардын территориясында провокациялык
нурландыруунун жүргүзүлүшүнө тыюу салынышы зарыл!
Айтсын өз сөзүн Конгресс, айтсын өз сөзүн федералдык
органдар!
— Туура айтат! Тыюу салуу керек! — деген
кыйкырыктар угулду туш-туш жактан. — Тыюу
салынсын!
— Тынчтаныңыздар, жентльмендер! Сиздерден
өтүнөм, айымдар! — деп сценадагы алып баруучу өз
микрофонунан тартипке чакырууга аракеттенди. Ал
кымбат баалуу чоң алкактуу көз айнекчен, жылтырата
майланган чачы кынабы менен жаткырылып таралган,
кийингени кынтыксыз, салабаттуу адам болучу, түрүнө
караганда иштин мындай болуп кетээри ал үчүн "да
таптакыр күтүүсүз нерседей көрүндү. Ал эмне кыларын
билбей абдырап, галстугун улам чойгулай берди. —
Микрофонго кезек менен келишиңиздерди суранам! —
деди ал. — Мен сизге сөз берем, бирок кезеги менен,
сизден суранам, кезек менен.
Бирок кеч болуп калган эле. Баскылыктардагы
микрофондордун жанында дароо бир нерсе билдирүүнү,
мурда айтылгандарга кошумча дагы бир нерсе айта
салууну өтө каалагандар топтолуп турушту.
Ошентип алып баруучу микрофондорго кезек берүүнү
жөнгө салуу менен гана алек болуп калды:
— Биринчи микрофон! Сөз экинчиде! Мархамат!
students.com. kg 120Үчүнчү микрофон! Бешинчи, жетинчи, онунчу...
Микрофондон микрофонго чыгып сүйлөөчүлөрдүн
эстафетасы көзгө көрүнбөгөн от болуп чуркады, ойлор
улам барган сайын так кесер айтылып, алардын маңызы
Филофейдин ачылышы менен идеяларын кескин
кабылдабоого, аны орбитадан кууп чыгууга чечкиндүү
чакырыктарга, космосто дүйнөлүк чагымчы, ай-ааламды
буй кылган жоболоңдуу зөөкүр дегенге чейин барып
такалды; ал эми дагы бирөө, сыягы орус эмигранттарынан
болуу керек, Филофейди ал турсун Кэгэбэнин
баканооздорунун бири, бооз аялдардын артынан
көзөмөлдөтүп койгон космостогу жоон билек айгак деп
таштады. Дагы бирөө: бул Филофей деген Россиянын
космоско ташталган таасир этүүчү агенти, ага Американы
ичтен бузуп-жарып жок кылуу, коомдо генетикалык
бомбанын жарылышын пайда кылуу тапшырмасы
берилген десе, андан кийинкиси бул эл аралык мафиянын
кылганы, ал азыркы коомду былк эттирбей көзөмөлгө алуу
үчүн кандайдыр бир глобалдуу акция ойлоп таап олтурат
деген жоромолду айтты. Чогулгандардын башына келген
дагы ар кандай биринен бири коркунучтуу жоромолдор
айтылды. Анан андан ары кара ниеттик менен жүзү
каралыкка эзелтен колдонулуп келаткан ашмалтай сөздөр
айтылып, ага космостук деген кошумчаланды —
космостук азезил, космостук жин-шайтан, космостук
анархист жана ал түгүл аргасыз мактоо — космостук
Фауст болуп чыга келди...
Бирок канткен менен да көпчүлүгү чын дилинен,
санаасында турган чочулоосун жашырбай айтышты,
албетте баары бир кишидей Филофейге, анын социалдык-
биологиялык ачылыштарынын үрөй учурган аң-сезим
менен акыл-эстен кандай болбосун айдап чыгууну көздөп,
каршы болушту; бул учурда алар баарыдан мурда,
кылымдардан кылымдарга эч кандай «Кассандранын
students.com. kg 121белгиси» менен иши жок эле өнүп-өсүп жана гүлдөп-
чардап келаткан адамзат тарыхына кайрылышты. Ушунун
баары чынында катуу таасир калтырды, бөтөнчө аялдар
көз жаштарын көлдөтүшүп, сактап калгыла, алардын жеке
турмуштарына тапкыч-нурларды кийлигиштирбей коргоп
калгыла дегенде. Анан акырында сөздүн жүрүшүндө
космос монахынын маселесин БУУнун өзү колго алсын,
адамзатты коргоп калуу максатында чара көрүү үчүн
БУУга маселе коюлсун деген талаптар айтылды.
Мына ушулардын баарын көрүп олтуруу Роберт
Боркко оор, кейиштүү болду. Дайыма моюнга алуу анча
кыйын болбогон, жаралган күнүнөн тартып күтүлүп
келаткан тышкы дүйнөнүн глобалдуу катастрофасы менен
эмес, а түгөнүп бүтпөгөн, улам барган сайын амалкөйлүгү
жана таш боорлугу артып бараткан карасанатай арам
иштер пайда кылган тукум куучулуктун түпкүрүндөгү
бүлгүн алып келаткан келечектеги акыр замандын чыныгы
маңызын ачып көргөзөйүн деген филофейдин аракетин
элдин көпчүлүгү түшүнбөй тургандыгына Роберт Борк
кайгыруу менен ынана берди. Алмустактан бери жасап
келаткан арам иштери үчүн, Кудай белек кылган жашоо
алдындагы күнөөсү үчүн жооп берер күн келет деген
адамдагы түбөлүктүү, инстинкт менен келген коркунуч
аны кое бербеди.
Ал эми жашоо ага бир жолу гана белек кылынган жана
кайталангыс, ар бир пендеге түбөлүккө эмес, узак
убакытка берилген, башынан Мейкиндик менен Мезгилде
лимиттештирилген жана чектелген.
Оливер Ордоктун абалы зээн кейитерлик болчу. Анын
жети өмүрү жерге кирип баратканын Борк элестетти,
Ордокту кандайдыр бир деңгелде эскертсе да, окуя ушуга
жетерин алдын ала көрө албаганына өзүн күнөөлөдү.
Ордок чын-чынында акмактай абалда калды. Ага эч
ким көңүл бурбай калды, бул жолугушууга тиешеси
students.com. kg 122жоктон бетер Ордок трибунада жалгыз кала берди. Бардык
айтылган сөздөр жана каяшалар бүтүндөй жалгыз
Филофейге багышталды, көңүлдүн борборунда урматына
ушул митинг уюштурулуп жаткан Ордок эмей эле, космос
мейкиндигинин кайсы бир жеринде жүргөн Филофей
болду. Баскылыктагы микрофондорду ага, президенттикке
кандидатка эмес, монах филофейге бир нерсе айтуу үчүн
жулунгандар ээлеп алышты. Ал эмнегедир трибунада
сокоюп тура берди. Анын көз алдында баары базарга
айланды да калды. Ордоктун миссиясынын маанилүүлүгү
жөнүндөгү ойго шайлоочулар менен телекөрүүчүлөрдү
ынандыруу үчүн көрүлгөн даярдыктар менен чаралардын
баары сая кетти. Ордоктун жылмайган портрети илинген
спортзалдын кумпасы алдындагы аба шары азыр күлкү
келтирерлик бир нерсеге айланды. Өзү болсо аргасы
түгөнүп, алдан тайып, эмне кыларын билбей делдейди.
Ага кеңешчилери менен жардамчылары чуркап келишип,
бир нерселерди шыбырашууда, бирок ал дале болсо
күткөнү барсынып трибунада турат, Көздөрү
алачакмактап ачуулуу, жүзүн мүлдө сорпонун тактары
каптаган. Бул толук ойрон болуу, бүткүл өлкө алдында
ойрон болуу эле.
Митингдин дайрасы башка нук менен акты. Эгер
чөгүп баратканга бир тал саман таштабаганда, ким билет,
аягы эмне менен бутөт эле. Сценага аңгыча шайдоот
басып, кайдан-жайдан бир жаш жигит суурулун чыга
келди; ал дале болсо галстугун улам чойгулап коюп,
чыгып сүйлөөчүлөрдүн кезек тартибин сактатууга
пайдасыз аракет кылууну улантып жаткан алып
баруучунун жанына чечкнндүү басып келди да, бирдеме
деп туруп, тигинин колундагы микрофонду күч менен
жулуп алгандай болду. Анан залга кайрылып, катуу
унчукту:
Капысынан келип калгандыгым үчүн кечирип
students.com. kg 123коюунуздарды суранам. Мен өтө маанилүү бир нерсе
айткым келет!
Уу-дуу басаңдай түштү. Зал кыйлага мемиреп тынчый
калды. Эми бир секунданы да сая кетирбөө керек эле.
—Менин атым Энтони Юнгер, — деп өзүн
тааныштырды капыстан пайда болгон жаш жигит.
«Ии, Энтони Юнгер, демек ушул турбайбы. Көзгө
толумдуу жигит экен!» деп ойлоп койду Роберт Борк.
— Менин ысмым силерге эч нерсе билдирбейт, —
деди Юнгер. — Бирок мен дагы биздин округдун силердей
эле шайлоочусумун. Анын үстүнө мен мистер Ордоктун
командасындамын, анын консультанттарынын бири
болом. Көңүл бөлүп коюуңуздарды өтунөм. Биздин
митинг бизге космостон ташталган проблемалар боюнча
диспутка эмес, а президенттикке кандидат менен
жолугушууга арналган. Ошондуктан биздин шайлоо
алдындагы талкуубузду улантканыбыз дурус болор эле.
Ал эми Филофей жөнүндө башка бир учурда сөз кылсак,
анткени байкашыбызга караганда, бул укмуштуудай кабар
жөнүндө дагы көп ирет ойлонууга жана талашууга туура
келет. Ошондуктан регламент боюнча иштөөнү сунуш
кылам. Мистер Ордокту Филофейдин проблемасына
алаксытпай, өзүнүн корутунду сөзун айтып берүүсүн
сураналы.
Бул өтө өз учурундагы айла эле. Чатак ооздукталды.
Борк Энтони Юнгерге ыраазы болду. Болжол менен аны
ушундай го деп элестеткен. Андан ары эч ким, анын
ичинде Борк өзү да, күтпөгөн иш болду.
Ордокту да баалаш керек — ал демилгени колго алаар
мүмкүнчүлүктү кетирген жок:
—Ооба, мен сөзүмдү улантайын,—деп дароо даяр
болду ал, ушул учурда анын көздөрүнөн кандайдыр учкун
жылт эте калды, көз ачып-жумгандын ортосунда өзгөрө
түшкөн жүзүнө караганда, анда бир нерсе болуп өттү. —
students.com. kg 124Ооба, урматтуу шайлоочулар, азыр Энтони Юнгер айтып
өткөндөй, мен бул жерде сөзүмдү улантуу үчун турам.
Бирок бир арзыбаган оңдоо киргизмекмин. — Ал
олтургандарды кыдырата сынай карап, тыным жасады да,
мындайча түшүндүрдү: —Мен дал ошол Филофей
жөнүндө, дал ошонун өзү жөнүндө, Филофей жөнүндө,
айтмакчымын, —деп баса көрсөттү. — Мен бул жерде
микрофондордон айтылгандарды улап, бизге космостон
психологиялык чабуул жасалгандыгына байланышкан
нерсени өнүктүрө, биздин генетикалык кырдаалды
чечкиндүү түрдө сындай сүйлөгүм келет.
Мен булар жөнүндө биринчи иретте айтмакчымын,
анткени мен шайлоочулардын, элдин ою менен жашайм.
Биз мына бул жерде баарыбыз биргебиз, мага бул
баарынан маанилүү. Бул жерде микрофондордон мага
руху жактан жакын сөздөр сүйлөндү. Мен да бул жөнүндө,
американын демократиясы үчүн барып турган жогорку
нарк болуп саналган биздин укуктарыбызга жана
эркиндигибизге космостон жасалган кулак уккус агрессия
жөнүндө, болжол менен ушундай ойлогом. Филофей
космостон биздин турмушубузга кийлигишип жатат деп
бул жерде туура белгиленди, мен да ошону туура деп
эсептейм, Мен дагы бир нерсени кошумчалар элем — ал
муну каалайбы, каалабайбы — акыры келип биздин
демократияга дагы арам иш жасап жатат. Мындай
караганда мүмкүн эместей, бирок ушундай. Бул
караниеттик менен, адамды жек көрүүчүлүк менеп
ойлонуштурулган жамандык. Биз силер менен дагы бир
жолу күбө болуп жатабыз, азезилдин жүзүкаралыгына
чыны менен чек жок. Сөзүмдүн башында өзүм маектешип
көргөн, компетенттүү сыяктанып жүргөн айрым бир
белгилүү адамдардын пикирлерин айтып келип, анан бул
жөнүндө өзүмдүн оюмду ортого салмакчы элем. Бирок
сөзүмдүн экинчи бөлүгүнө өтүүгө, Филофейдин
students.com. kg 125кайрылуусуна өзүмдүн жеке мамилемди билдирүүгө,
өзүңөр түшүнсөңөр, мен али үлгүргөн жокмун.
Микрофондон айтылгандардын баары мен айтайын
дегендер менен дал келет. Мына ушунун өзү сонун,
ушунун өзү менин позициямдын тууралыгына мени
ишендирет. Азыркы коомго капысынан болуп
көрбөгөндөй коркунуч туулду деген ойду мен толугу
менен колдойм. Өзүн монах Филофеймин деп атаган
адамдын бул акциясы, мындай караганда генетиканы
изилдөөгө арналгандай көрүнгөнү менен чын-чынына
келгенде бул — агрессия, биздин рухубузду, бизднн
өзүбүзгө тарыхый ишенимибизди, биздин
цивилизациябызга ишенимибизди тебелеп-тепсөө. Анан
байкасаңыздар, бул агрессия космос бийиктигинен эле
жүргүзүлүп жаткан жок, Филофей өзүнө союздаштарды
жерден да таап алып олтурат, алар биздин илимде жана
коомдук турмушта чоң кадыр-барктуу деп эсептелген
айрым адамдарыбыз. Иштин абалы мына ушундай! Мына
ошол кишилер Филофей менен биригип алып, өздөрүнүн
космостогу шыктандыруучусунун ураанын чакырып, анын
ысмы менен жерде кулак угуп, көз көрө элек тополоң
көтөрүүгө, биздин цивилизациянын анык экендигине шек
туудурууга, жана эң башкысы биздин аялдарга жин-
шайтандын белгисин — Кассандранын тамгасын басып,
шерменде кылууга өздөрүнүн убакты-саатып күтүп, даяр
турушат. Тапкандарын карабайсыңарбы — Кассандранын
тамгасы, элге келчү кырсыктарды жана кайгы-касиретти
алдын ала айтуучусу! Анан калса жөн жерден ошентип
атап олтурушкан жок. Кандай караниеттик кыйытуу
турат? Ошондуктан даяр турушубуз зарыл! Бардык
улуттар даяр туруулары керек! Академиянын мантиясын
жамынышкан Филофейдин пикирдештери адамдарга
массалык маалымат каражаттары аркылуу таасир этүүгө,
космостон келген жалган пайгамбардын айткандарына
students.com. kg 126аларды ынандырууга даяр турушат. Мында кенедей да
апыртма жок, ишенип коюңуздар, бул — бүткүл адамзатка
каршы чагым. Мына ушундай! Менин тынчсызданганым
ушул, урматтуу шайлоочулар! ..
Зал, көрсө, ушуну гана күтүп туруптур.
Президенттикке кандидаттын сөзүнө арбалган ал аны
суктана карап олтурушту. Азыр Оливер Ордок айтып
жаткандын баары алардын жүрөгүнөн түнөк таап, толук
колдоого ээ болду. «Альфа-Бейсбол» спортзалында
олтургандар ошол саатта дем тартышпай, Оливер
Ордоктун чакырыгына — сөздөрүнө — бир кишидей
кулак түрдү. Албетте бул жеңиш болчу. Эл алдында
бедели түшө түшкөндөн кийинки Ордоктун мыкты
жеңиши эле. Ал жеңишке жол тапты, так маневр жасады,
сгратегиясын кынтыксыз өзгөрттү, эми минтип үзүрүн
көрүп олтурат.
Ордок өзү да баягы эмес болчу. Трибунада таптакыр
бөлөк адам турду. Олтургандарга анын ар бир сөзү сая
кетпей таасир берип жатканын көрүп, Ордок ого бетер
жалындаган шык менен сүйлөп жатты. Бул өзүнө өзү
ыраазы болуунун, сөз жеткис, көз тойгус ийгиликтин
ыракатын сезүүнүн сейрек боло турган абалы, сөздүн
бөтөнчө кудуретинин жана кубатынын абалы эле; ага
анын сөздөрү, оозунан чууруп чыгып, айланадагылар
менен жана баарыдан мурда, жалжылдай карап олтурган
аялдар менен жуурулуша кетип жаткандай, анан анын
баары, жынысына карабай, эркектери да, аялдары да ага
жан дилдери менен берилип, жана ар бири аны дилгирлик
менен кабылдап жаткандай сезилди, жана ушундан улам
ага үйүрдөгү бээлерди көздөй аңгырай азынап, демиге
кошкуруп, атырылып келаткан айгырдыкындай күч-кубат
жыйылды; ар бир сөз анын күчунө күч кошту жана
ушунчалык эңсеткен, бирок азырынча колу жете элек
потенциалдуу бийлик менен жуурулушуунун жакындыгын
students.com. kg 127сездирди. Андан тээ токой макулуктарынан бери келаткан
өзүнө окшогондорду бийлөөгө тынбаган чакырык, өзүнүн
эзүүсүнө туш келгендерди колдон чыгарбоого, жоготпоого
жырткычтык эрк көрүнүп тургансыды. Бирок бийликтин
кызыгына батуучу учурга жол жамгырдай төгүлгөн
сөздөрдүн кыяны аркылуу алып бармак; токтобой
сүйлөнгөн сөздөр каскатар тизилип, алдыда турган чепти
— Филофейдин идеяларын жана анын пикирдештерин—
кулатууга ат коюшту. Ал азыр олтургандарга тигил
жөнүндө сөз кыйытып, азыр мени менен бириккиле да,
менин берген белгим боюнча кармашка чыккыла дегенди
билдарди.
О, бул Оливер Ордоктун ооматы келип турган учур
болчу. Залда олтургандардын ичинен экрандан бир нече
ирет трибунанын жанында олтурганы элес-булас көрүнгөн
жалгыз бирөөнөн башкасынын баары Ордокко суктанып
олтурушту. Энтони Юнгер гана ыргытылган таштар
тийбесин дегенсип, эки колу менен башын басып,
сценанын чет жагында капталын салып олтурган, анын
шадылуу колунун кан тамырлары баржайып көөп
чыкканы көзгө урунат, ал кыйналып олтурду.
Оливер Ордок болсо чабуулун уланта берди, ал
сөзүнүн оңтоюн залда аны угуп олтургандардын жана
андан тышкаркы талылуу жерине тийгендердин
тегерегине топтоп, аларды өзүнүн эркине багындырып
жана ийгиликти бекемдегидей кылып келтирди. Бул сени
карай умтулган жана боюн берүүгө даяр турган аялды
жагымдуу сөздөр менен жанын эритип, кыса кучактап,
кармалап, аймалап жатканда, андан ары тез жана
чечкиндүү аракеттенүү зарыл болгондой, ал үчүн өтө
маанилүү учур болчу.
— Мен бизге кыраакылыктын зарылдыгы жөнүндө
айтып жатканым, — деп ал залда олтургандарга өз
кишидей кайрылды, — мен коомдун кызыкчылыгын
students.com. kg 128ойлоп жатам, биз баарыбыз жанагы жүзүн куруган
космостук авантюранын капилет курмандыгы болбосок
экен деп жатам. Анткени маселе глобалдык масштабда
коюлуп олтурат жана ошол эле учурда ал ар бир адамга,
атап айтканда, ушул жерде, шайлоо алдындагы
жолугушууда олтургандардын баарына тиешелүү, —
Филофейдин адам генефонун бузууга жана
деструкциялоого багытталган планеталык
эксперименттеринен, биздеги жашоого умтулуучу
башталыштын жок болушуна алып келүүчү коомго
дүрбөлөң салуучу максат көздөгөн эксперименттеринен
өзүбүздү кантип сакташыбыз керек!
students.com. kg 129—Андай болбойт! — деген ачуулуу үндөр угулду
залдан. — Биз ага жол бербейбиз!
—Мен да ошентип ойлойм, — деп улантты Оливер
Ордок. — Жана мен бул үчүн болгон күч-кубатымды
жумшайм. Мени эч ким, эч нерсе токтото албайт. Бирок
келип чыккан космостук коркунучту жана жерде туруп
Филофейди колдоп, жагдайды кызытып жаткандарды,
мындайча атканда — сууну ылайлап жаткандарды, кантип,
кандайча зыянсыздандырабыз? Сөз адамдардын жана
элдин тагдыры жөнүндө жүрүп жатканда мен өзүмдү
жалпы чакырык таштоо менен жөн болгон сыпайы
жентльмен катары көргөзгүм келбейт. Филофейчилер
билип коюшсун — алар канчалык жогорку
интеллектуалдуу далилдерди келтиришпесин, бизде алар
менен тил табышуу деген болбойт жана болушу да
мүмкүн эмес, ал эми алар менен кошо генетикалык
буктурмага баруу — оозунан айлансын! Атап айтканда,
мен бир футуролог менен, илимий чөйрөдө белгилүү,
дүйнөлүк атак-данкы бар, бирок иш жүзүндө космостогу
монахтын башкы жактоочусу, ал турсун идеологиялык
скауту болгон адам менен кыйлага сүйлөштүм. Мурдагы
Советтер Союзунда жол башчысына ак ниети менен
кызмат кылган жана ал үчүн өмүрүн кыюуну бактым деп
эсептеген улан-кыздарды, мен жаңылбасам, комсомолдун
активисттери деп аташчу. Филофейдин жардамчысы,
жашы кыйлага келип калганына карабай, ошолорго
окшош, ал биздин университетте иштейт жана шаардын
чет жакасындагы шаарчалардын биринде жашайт, — ал
адамдын ысмы Роберт Борк!
Тыным боло калды, олтургандар дем тартпай
калышты, анан бир ооздон: «Роберт Борк! Роберт Борк!
Бул Роберт Борк! Кайдагы бир Роберт Борк!» деген
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

күбүр- шыбыр желдей сызып жөнөдү.
—Ушундай, урматтуу шайлоочулар. Роберт Борктун
илимий далилдерин кунт коюп угуу менен мен тирүү
адамдардын тагдырына кайдыгер кароого эч кимдин
акысы жок экендигине анын көңүлүн канчалык бурууга
аракет кылганыма карабай, Филофей кандай илимий
максатты алдына койбосун, биздин турмушубузду
талкалаганы жатканына көңүл бурууга канчалык
аракеттенгениме карабай, мен бул адамдын Филофейден
да ашып түшөрүнө көзүм жетти. Дүйнөлүк коркунуч
окумуштуу болуп көрүнгөн мына ушундай адамдарда
жашырынып жатат! Роберт Борк үчүн аны менен
сүйлөшкөн адамдардын жана оппоненттеринин башын
тумандаткан философиялык тантырамалары, анын бүткүл
ааламдык идеялары катарында жашаган жөнөкөй
адамдардын тагдырынан алда канча маанилүү. Бул
жөнөкөй адамды, анын бардык проблемаларын жана
кыйынчылыктарын Роберт Борк капарына да алып
койбойт, мейли кандай илимий мүнөздөгү максаттар
коюлбасын адам тукумунун уланышын бууган, бизди
келечегибизден ажыраткан Филофейдин илимине ошол
жөнөкөй адамды курман чалат. Роберт Борк фанатик, ал
жан-дили менен Филофей тарапта жана ага азезилге
кызмат кылгандай кызмат кылат.
—Кечиресиз, мистер Ордок! Бул экөөңөрдүн
ортоңордогу жекече маек эмес беле! — деп чыдабай кетти
Энтони Юнгер, алып баруучунун микрофонуна чуркап
келип. Анын өңү купкуу болуп, бузулуп кеткен экен. —
Эки ортодогу сөздү жалпы элдин талкуусуна алып
чыкканда болобу?!
—Мен Борк экөөбүздүн сүйлөшкөн сөзүбүздү
жашырын сырга айланткым келбейт,—деди Ордок
students.com. kg 131жайбаракат. — Эгер эки ортодогу сөздөр адамзаттын
тагдырын козгоп жатса, эгер Роберт Боркко окшогон
адамдар Филофейдин ишин жактаса, актаса жана
адамдардын акылынан анын теориясына кенен жол ачып
берип жатса, бүткүл дүйнө үстүнөн көзөмөл кылууга ага
жол ачып берип жатса, эмне үчүн мен ага сыпайкерчилик
көрсөтүшүм керек?
Шатыраган кол чабуулар «Альфа-Бейсболдун» ичин
аскадай жаңыртты. Телеоператорлор Оливер Ордоктун
дагы бир эрөөлдөгү жеңишинин болуп көрбөгөндөй бул
сценасын берүү үчун адамдардын жүздөрүнүн көрүнүшун
түшүрүшүп, залда чебеленип чуркап жүрүштү.
Энтони Юнгер бир нерсе айтууга аракеттенди:
—Мистер Ордок, сиздин буга укугунуз жок...
Бирок зал анын сөзүн аягына чыгартпады. Ага сөз
сүйлөтпөс үчүн, аны турган жеринде жок кылуу үчүн
баары бир кишидей кол чаап туруп алышты.
Юнгер ага карабай, сөзүн уланта берди, анын сөзүн
угузбай кол чаап жаткандарды уксун дегенсип, кыйкыра
сүйлөп, колдорун булгалап, жан алакетке түштү, бирок
бул отко май куйгандай болду, Юнгердин биротоло
жаагын жап кылуу үчун, баары кыйкыра башташты:
«Ордок! Ордок! Ор-док! Ор-док!»
Андан соң, буйрук берилгенсип, баары жапырт
орундарынан турушту да, алакан чапкылап: «Ор-док! Ор-
док! Ор-док!» — деп кайталай беришти.
Ошентип Ордоктун салтаваты жетер жерине жетти.
Мындай саясий ийгилик анын атаандаштарынын эч
кимисинин түшунө да кирген эмес. Бой-келбети көзгө
толумсуз, шөлбүрөңкү, чымчыктыкы кебетеленген жүзүн
сепкил баскан, эмнеси менендир Геббельсти эске салган
муну жалпы ажиотаж баш айлантчу бийиктикке, сырдуу
students.com. kg 132ийгиликтин сферасына ушунчалык тездик менен көтөрдү
дейсиң. Ордок ушул минуталарда кубанганынан эси ооп
жыгылып калчу абалга келгени эч кимдин оюна келбес иш
эле. Анткен менен ал кайратын боюна жыя алды. Ишти
баштаарын баштады, эми аны аяктоо керек эле, ийгиликти
бекемдөө керек эле. А зал болсо дале: «Ор-док! Ор-док!»
деп кыйкырып жатты. Ал кайра чыйралды, колун жаңсоо
жана ыраазычылык жылмаюу менен залдын кол чабуусун,
кыйкырыгын токтотту, анан жымжырт боло калганда
мындай деди:
— Кимдир бирөөгө менин Роберт Борк жөнүндө
айтканым жакпай калды окшойт. Анын эмнеси бар? Ага
ким жолто болуп жатат. Борк эл алдына келсин да,
башкача экендигине ишендирсин, космостогу Филофей
экөө адамдарга, элге, улуттарга, келечектеги муундарга
пайда келтирүүгө дилгир экендиктерине ишендирсин.
Мага татыктуу жооп берип, ашкерелесин! Мархамат! Биз,
кудайга шүгүр, барып турган демократиялуу мамлекетте
жашап жатабыз. Ооба, Борк колун куушуруп, четте
олтуруп калчу адам эмес, ал чыгып сүйлөйт деп ойлойм. А
эгер ал капысынан эсине келип, Филофейди колдоодон
айныса, анда, түшүндүрүрөр, менин оюмча, күнөөсүн
мойнуна алар. Иши кылып каалаганындай кылсын.
Американын газеталары менен журналдары анын
кызматында эмей эмне эле, анан калса американыкы эле
дейсиңерби, а радио, а телевидение эмне? Салсын оюн
ортого. Бирок мен да четте калбайм, силерге айтып коеюн,
урматтуу шайлоочулар, мен да массалык маалымат
каражаттарынан өзүмө жупуну орун сурайм, бирок
замандаштарымды өзүмдүн футурологиялык теориялары
менен таң калтыруу үчүн эмес, мен от менен ойноого
болбой тургандыгын, башкача айтканда, Филофейдин
students.com. kg 133илими менен ойноого болбой тургандыгын, Борк менен
Филофей дүйнөлүк өрт чыгарууга даяр экендиктерин ар
бир адам түшүнгүдөй кылууга аракеттенем. Мен Борктун
оюн түшүнгөн сааттан баштап, менде тынчтык жок —
анын ойлору бүдөмүк жана коркунучтуу, ал бардык жерде
аялдардын бирин калтырбай тапкыч-нурларга кабылтуу
идеясын жайылтууга жана жасаган күнөөсү үчүн мүлдө
адамзатты кечирим сурап сабылуусун талап кылууга даяр.
Анан ушунун бары традициялык диндерди сүрүп чыгуу
үчүн, адам жанына монополиялуу үстөмдүк кылуу үчүн
жаңы филофей динине барып куюлат. Дүйнөлүк диндер да
мындан ары кандай күнгө кабыларын ойлошсун. Мына
ушулар жөнүндө алдын ала кам көрүү керек, мен мына
ушулар жөнүндө жазам жана айтам. Биз өз убагында бул
окумуштуу адамдарды — орбитадан Филофейди, жерден
Боркту — ооздукташыбыз керектиги жөнүндө да айтам
жана жазам. Мен муну ушул жерде катышып олтурушкан
бардык журналисттерге билдирем. Албетте, мыйзам жолу
менен, бир гана мыйзам жолу менен ооздуктоо керек!
Мындай эксперименттерге дүйнөлүк тыюу салууну
киргизүү жолу менен. Бул иште мен сиздердин
колдооңуздарга жана ишенимиңиздерге таянам!
Жарылган кыйкырык-чуу жана кол чабуулардын
шатыраганы угулду, баары орундарынан турушту да,
колдорун жаалдана чапкылашып, кайрадан кыйкырып
киришти: «Ор-док! Ор-док!» Ордок кайрадан элден кол
чабууну токтото турууну ыракаттана жана ыңгайсыздана
суранды:
— Мен сиздердин дагы бир нече минутаңарды алайын.
Мен ушул айткандарды өнүктүрүү үчүн дагы
кошумчалагым. ..
Капысынан спортзалдан трансляция чорт үзүлдү.
students.com. kg 134Экран өчтү. Кимдир бирөө калтыраган колу менен
телевизорду өчүрдү. Бул Жесси болчу. Ал үйгө качан
келди, кантип кирди, баятан бери кайда олтурду — четте
олтуруп алып, ушунун баарын көрдүбү, анан
көргөндөрүнөн улам шал болгонсуп, кыймылдай албай
койдубу, же жакында эле келдиби, — Борк билген жок.
Көз алдында болуп өткөндөрдөн нес болуп, жети өмүрү
жерге кирип, кайдадыр бир боштукту дендароо тиктеп,
креслодо олтурду.
— Канчага чейин кароого болот деги?! Ушуну кантип
чыдап карап олтурасын?! — Жесси эрине кесе жана катуу
сүйлөп бир тийди. — Жетишет! Болду!
Тигил унчукпады.
— Кабинеттеги телевизорду да жандыруучу болбо! —
деди Жесси ачуулуу. — Азыр бардык телефонду сууруп
таштайм! Баарын балакет бассын, баарын жылан
сыйпасын, бир да бирөө — бир да жан, бир да телефон
чалуу болбосун! Азыр баары чала башташат, колу боштун
баары, сенин Оливер Ордогуңдун тыякта кылганын
көргөндөрдүн баары! Кандай сандырак сөздөр! Кандай
ыплас жосун!
Борк унчукпады.
—Сен эмне унчукпайсын? ! — деп чаңкылдап жиберди
жаны чыдабай кеткен Жесси.—Мындай иш өмүрүндө
болуп көргөн эмес!
—Акырынчы, кудай жалгагыр, — деди Роберт Борк,
— сенин кыйкырганындан эч нерсе өзгөрбөйт.
—Сенин унчукпай дулдуйганыңдан да эч нерсе
өзгөрбөйт!
Экөө тең шалдайып, үрпөйө тартышып, олтуруп
калышты. Сыртта күүгүм кирип баратты, түбөлүк
тартылып калууга татыган күздүн ажайып керемет күнү өз
students.com. kg 135кезеги менен өтүп баратты... Артына жабыркоо жана санаа
калтырып кетип баратты... Эмне менен келери белгисиз
жаңы күндү утурлап өтүп баратты...
— Өзүмө өзүм ишенбейм, жок ишенбейм, — шүйшүн
качырар тынчтыкты Жессинин дирилдеген үнү бузду. —
Бул жүзү куруган проблеманын айланасында ар кандай
талаш-тартыштар болушу мүмкүн экени оюма келген,
бирок сага ушунча пас жана ыпылас мамиле жасайт деп
ойлогон эмесмин!.. Керт башынын кызыкчылыгы үчүн
адамды бүт дүйнөгө ушунча маскаралоого болобу?! Мен
бул шүмшүктү азыр өлтүрүп жиберүүдөн кайра тартпас
элем! Анан ушул да Американын президенти болушу
мүмкүн? ! Бу Теңир деген кайда?! — Жесси буркурап
ыйлап жиберди. Борк ордунан туруп барып, аялына суу
алып келип сунду. Жессинин эрини титиреп, стакандын
четине тиштери шакылдап тийип, сууну төгүп-чачып
жатып ичти.
— Сабыр кыл, Жесси, эми мени угуп тур, — деп Борк
аялын башынан сыламакчы болду.
Аялы башын тартып алды:
— Укпайм, эч кимди укпайм, мага эч нерсе айтпа, бай
болгур! — анын алкымын жаш бууду.
— Анда кечирип кой. Жаныңда туруп турайын...
Кечирип кой...
Аялы бүткүл денеси солкулдап креслого өбөктөгөн
калыбында шолоктоп ыйлап жатты. Чачы да агарып
кетиптир, анан капысынан карый да түшүптүр, Борк буга
мурда маани да берген эмес экен, мына ушунун баары
ошол көңүл бөксөрүп, жан кейиген минуталарда көрүнүп
олтурат.
Роберт Борк туманда калгандай, өзүнүн үйүндө эмес
эле, чоочун бир жакта жүргөндөй, бөлмөдө аркы-терки
students.com. kg 136баса берди. Кайдагы бир туңгуюкка түшүп кетчүдөй, басса
да, жөн турса да ага коркунучтуудай туюлду, —
буктурмадан урулган күтүүсүз соккунун күчү ушунчалык
эсти эңгиретерлик эле.
Кээде рингдеги боксерлорду телевизордон карап
туруп, Борк жолу болбой калган боксерго боору ачып, бир
уруу менен кайра тургус болуп жыгылган боксер өзүн
кандай сезет болду экен, жыга урулган, бащка планетадан
түшө калгансып, туш тарабын дендароо каранган анын
жан-дүйнөсүндө эмне алаамат болот болду экен, деп
ойлонор эле. Ал эмне экенин эми билет. Аны курчап
турган дүйнө, ордунда кала берүү менен бирге, адамдын
өзүндө, анын ичинде — нугунан адашкан, көчөдө аккан
жаан суусундай, башта гүүлдөгөн кан тамырларда, ошол
адыраңдаган жинди агым жеп кеткен ойдун карарган
кемеринде, ой-кыялдын эңгиреген баш аламандыгында
урайт — эми ал муну билет.
Ал узакка, узакка кыйнала басып жүрдү, а кырсыктан
кыйналган ой-санаасы болсо алиги кара кемерде, бир саат
мурда өзү үчүн өзү эмне болсо ошол болгон, өз «Мени»
болгон, анын инсандыгын аныктаган өзүнө окшогон
башталыш болгон өткөндөгүнүн урандысында уйгу-туйгу
болуп жатты. Азыр эми ошонун баары Оливер Ордок жана
ал жолдон чыгарган элдин массасы тарабынан бир заматта
астым-үстүм кылынды, тебеленди, өрттөлүп жок
кылынды. Ал тебеленип-тепселгенин жана өрттөлгөнүн
дене-бою менен сезди. Денеси алоолоп куйдү. Анын
өмүрүндө минтип эл алдында басмырлануу болгон эмес.
Анан дароо: мындан ары эмне кылуу керек? — деген
суроо пайда болду. Же арнамысын көпчүлүктүн көзүнчө
демонстративдүү бул күчкө багынтуу, абалдан чыгуунун
бөлөк жолун таба албай, өзүн маңдайга атуу калды, — деп
students.com. kg 137ойлоду ал ошол саатта, — адам бардык убактарда жана
бөтөнчө жеңилүүгө дуушар болгон учурларда сөзсүз
ишенип келген нерселерге — адилеттиктин, чындыктын,
акыйкаттын, — мунун дагы көптөгөн аттары бар — акыры
келип салтанат курушуна ишенүү менен күч жыйнар,
кармашка чыгуу калды. Ал бар же жок, өмүр же өлүм! деп
өзүнө катуу жана тике айтчу күн жана саат келерин эч
качан ойлогон эмес. Ошол минуталарда ал өзүнө дагы бир
кейиштүү ачылыш жасады: Жесси үчүн анын трагедиясы
— өзүнүн керт башынын трагедиясынан алда канча оор
болот, ак никелүү аялы үчүн эринин трагедиясы
өзүнүкүнөн алда канча оор болот. Ушундан улам жаны
мурдагыдан да катуу жабыркады, аялынын кайгысын
жеңилдетүүчү айла табылбады, сөз табылбады. Себеби
аялы болуп жаткан окуянын маңызын ашкере жакшы
түшүнүп турду.
— Роберт, — деди Жесси солуктап.
— Ии, Жесси, угуп жатам, бирдеме айтасыңбы?
— Роберт, мен азыр ойлодум... — деп баштап келатып,
тык токтоп калды. Борк күтүп турду. — Мага ваннадан
сүлгү алып келип берчи, кудай жалгагыр.
Борк сүлгү алып келди. Сүлгү менен жүзүн сүртүнүп,
алкымына келген жашын басууга аракеттенип, Жесси өзүн
кармаганга аракеттенди.
— Эмне айтайын дедин эле, Жесси?
— Бүгүн сенин башыңа келген нерсе, ал эле эмес
тыякта, космосто жүрсө да, Филофейдин да башына
келген нерсе да, — бул идеализмдин трагедияларынын
бири деген ойго келдим. Мен сен аздектеген Сократты
эстедим. Ошол кездегидей эле, андан кийин да, андан
кыйла мезгил кийин да идеалисттик утопияга сүрмө-топ
каршы турат. Кимдир бирөө башка кап кийгизе салат, анан
students.com. kg 138баары төө басты кылып жатып калышат.
—Мүмкүн ошондойдур, — деп жооп катты Борк
токтоо.
— Бул ошондойбу, же ошондой эмеспи, же болжол
менен ошондойдур, бирок сен көрдүң го, Роберт, ошондой
болгонун. Мен Ордок жөнүндө айткан жокмун, биз аны
жакшылап билген эмес экенбиз, сен аны менен
маектешпесен болмок, ал оорулуу неме, президенттин
креслосуна олтуруу үчүн ал эмнеге болсо да — калп
айтууга, жалган жалаага жана ушак-айың таратууга —
барат. Мен ал жөнүндө айтайын деген жокмун, ал кара
жерге кирсин. Бирок жанагы килейген спортзалда
олтурушкан жык-жыйма эл —кандай коркунучтуу
көрүнүш! Бул деген малдын сансыз туяктары, тебелеп
кеткенден кийин жан дүйнөңдө гүл өспөй, жалаң гана
коко-тикенек өсөт, муунуп кана өлгүң келет. Көзүн
көргүлүк кылбасын! О Роберт, бул сурмөт-оп, бул мал!
Бул бир укмуш, бул бир жапайы көрүнүш! О Жараткан! —
ал бетин сүлгү менен басып алып, кайрадан шолоктоду.
— Сабыр кыл, Жесси, басылчы, өтө суранам сенден,
сен муну жүрөгүңө өтө эле жакын алып жатасын. Мен
сени түшүнүп турам, бирок ойлонолучу, бир аз
башкачараак карайлычы, — деп ал аялын жубатты. Аны
жубатуу менен ачууга алдырбоо керек деген логикага
таянууга аргасыз болду, өзү да бир аз чыйрала түштү. —
Албетте сенин айтканың көп жагынан туура. Сократтын
трагедиясы мезгилге багынбаганы — бул да чын. Бирок
мына ойлоп көрчү. Макул ошондой эле болсун. Масса —
бул үйүрчүлүк — мал, стихия, же сен айткандай, туяктар,
бирок ал ошону менен бирге коомдук турмуштун тиреги.
Эч кутула албайсың! Алар дегениң жашоону курган жана
жашатып жаткан адамдык материал. Жашоонун
students.com. kg 139түзүлүшүндө, мен айтар элем, турмуш диалектикасында,
бир пародоксал бөтөнчөлүк бар, ал — түбөлүктүү
трагедия: акылман-ойчул коомдун өнүгүү мыйзамын ачат,
коом болсо аны каргап-шилейт, мезгил өткөн соң дал
ошол ачылыштарды кайра колдонууга алат. Тануу
аркылуу көз ачылат.
— Роберт, — деп анын сөзүн бөлдү Жесси, анын
үнүндө жана көз карашында жемелегендик билинип турду.
— Каалаганыңдай айтсаң болот, бирок кийин көзү ачылат
деп мени ишендирем деп убара болбой эле гой. Тебелеп
таштап, анан көзү ачылат имишпи? Ушундай демексиңби?
Жок, мунуңа кошулбайм. Анан калса азыр экөөбүз
философиядан сөз кылуучу учур эмес. Түн кирип келатат.
Эртең сен өз сөзүңдү айтышың керек, эгер айткың келсе.
Чеч.
— Ооба, айтам.
— Роберт, бул эмне экенин мен түшүнөм, Ордоктун
артында — масса, сенде — эч ким жок, жанагы жаш
жигиттен башка, ким эле, микрофонго чуркап келгенчи.
— Энтони Юнгер.
— Дагы ошого ыракмат. Бирок түшүнүктүү, Роберт,
сага ачык эле чакырык ташталды, сен аны кабыл албай кое
албайсың. Карап көр, эгер чындык ырас эле Филофей
экөөң тарапта экендигине көзүң жетсе, анда эч нерсеге
карабай туруп, ошол чындыкты далилдөө, өзүңдүн
түшүнүгүңдү жарыя айтуу — сенин укугуң.
— Мына мунуң абдан туура, Жесси, бир гана жол бар
— жарыя айтуу керек. Мен аны ойлонуп койгом.
«Трибюндагы» макаладан кийии, мен дароо пресс-
конференция берүүгө аракеттенем. Андан аркысы кандай
болот — бара көрөрмүн. Макаланын көпчүлүк бөлүгү
даяр, ал компьютерге салынган, бирок жанагы митингден
students.com. kg 140кийин көп нерсеге көзүм ачылды, көп нерсени жаңыча
кароого туура келет, менин оюмча, Филофейдин оюнун
тууралыгын бекемдөөчү далилдер болот. Макалада айрым
нерселерди жеткире иштөө, кошумчалоо, күчөтүү зарыл
болуп турат. Ошентип мен өз ролумду ойнобой туруп,
сценадан кетейин деген оюм жок. Филофейдики туура,
мен аны жактайм.
— Андай болсо убакытты текке кетирбе. Өзүң
түшүнөсүң. Биз акыл-эсибизди жыйнашыбыз керек. Бул
— согуш. Мен ошондой деп ойлойм, Роберт. Кадимки
согуш!
— Туура. Бирок бул согуш каршылаш үчүн, душман
үчүн, анын өзүн өзү акырына чейин жеңиши үчүн согуш.
Мен залда кол чаап олтургандарды айтам. Бул согуштун
маңызы мына ушунда, Жесси.
— Түшүнөм. Бирок андан менин жаным жай алып
калган жери жок. Каалабайм, тагыраак айтканда,
мындайды кабыл алалбайм. Өзүмдү кайра жасай албайм.
Мени кечирип кой. Душманга камкордук көрүүбү,
мындайча айтканда, өзуңдү өлтүргөндү сактап калуубу?
Дагы баягы христиандык постулаттарбы?
— Шашылба. Бул христиандарга эле эмес, бири калбай
баарына тиешелүү. Тилекке каршы, бардык балаанын
баары, биз, адамдар, акылы бар макулуктар, эч нерсеге
карабай, дайыма бузулуп келаткан жашоо үчүн
жоопкерчиликтен кандай да болсо айласын таап кутулуп
кетүү үчүн жан алакетке тушкөндүгүбүздөн, жана караны
актан айырмалабай жана андан кенедей да коркуп койбой,
эптеп эле кутулуп кетсек деп ал үчүн сансыз шылтоо
тапкандыгыбыздан чыгып жаткандыгын көбүнүн
түшүнгүсү келбейт. Анан ушундай гана жашоо керек,
башкача болууга мүмкүн эмес деп өзүн өзу ынандыруудан
students.com. kg 141болуп жатат. Анан калса шайлоо алдындагы митинг
ушуну көрсөткөн жокпу?! Жер жүзүндө биздин өзүбүздөн,
адамдардан башка жамандыкты жаратуучу эч ким жок.
Ошого карабай, ар бир адам жамандыктын булагын
башкадан, өзүнөн алыстан, өз тобунан, сословиесинен,
улутунан, мамлекетинен жана андан ары — расасынан,
дининен, идеологиясынан алыстан — көрөт. Анан жашоо
жамандык менен жумаланып кете берет. Эмбриондор
жашоого каршы чыкканга чейин барат. Болду! Андан ары
барар жер жок! Андан ары мутация жана тукумдун
бузулушу! Ушунун баары ойрондотот, канчалык арылаган
сайын, ошончолук көп ойрондойт, биз канчалык
технологиялык жактан кубаттуу болсок, биздин
жаңылышуубуздун, уятсыздыгыбыздын жана
бузукулугубуздун даражасы ошончолук коркунучтуу.
Филофей толгоосу жанган генетикалык оркестрдин бир
эле кылына тийип койду эле, канча нааразылык, канча
кыжырдануу пайда болду!..
— Ой, Роберт, мага жетишет! — деди Жесси. — Сен
андан көрө ушул ойлоруңду ачыкка чыгар, эл уксун.
Алар унчукпай калышты. Жесси карманууга канчалык
аракет кылса да кайрадан алкымын жаш бууй баштады:
— Мени кечирип кой, Роберт, өзүмө келалбай жатам,
болбой жатат, көрүп, уккандарыма ушунчалык ызамын, —
деди ал ый аралаш. — Жанагы сүрмөтоптун
жапайычылыгынан кийин мен өзүмдү өрттөнгөн, өрттөнүп
күлү гана калган токойдо сандалып жүргөндөй сездим.
Айланадагынын баары — бутактар, карагай-бактар,
бадалдар — баары өрттөнгөн, айлана жылан сыйпагандай
ээн, баары капкара жана жансыз. Эмне болот? Эмне
болот? Бир нерсе болот! — деп күбүрөдү Жесси.
Борк аялын жубаткандан башкага жарабады. Аялынын
students.com. kg 142мынчалык долулана зар какшаганын ал көргөн эмес.
Качан болсо тыкан, дайыма ар кандай иштерди тез
бүтүрүүгө аракеттенген жана жубайына караганда алда
канча рационалдуу Жесси Ордоктун жүзүкаралыгына
өзгөчө ыза болду.
Бирок токтоосуз аракеттенүү керек, убакыт тар
экендигин эстегенде ал чыйралып, боюн жыюуга аргасыз
болду.
— Мен сени түшүнөм, Роберт, — деди Жесси, сабыр
тутууга аракеттенип. — Кабинетиңе бар да, иште.
Макалаңды бүтүр. Кофе, кааласаң, — ашканада болот,
кааласаң — алып барып берем. Иште. Аракеттен. Мен
мейман күтчү бөлмөгө кеттим. Күү ойногум келип турат.
Шостаковичти ойнойм. Бешинчи симфониясын. А сен
жаза бер. Айтар оюң бар экенин билем. Анан эч жакка
чала көрбө, суранам. Телефондорду сууруп салдым,
үчөөнү тең. Сайба. Бар. Төмөнтөн сен мени укпайсың.
Каалга менен терезелерди жаап салам.
- 7 -
Музыканын добушу кээде мейманканадан экинчи
кабатка угула калып жатты. Ошол түнү виоленчель бул
дүйнөдө анын тагдырын, балким, башы көргө киргенге
чейин бөлүшө турган аял бар экенин аргасыздан Борктун
эсине салды. А мүмкүн алардын жаны кийин бири
биринен кабар алышар жана бүгүнкү уйкусуз
виоленчелдин үнүн аралыктын аралыгынан угушар...
Ошол түнү да, эртеңки газеттик тексттин электрон
саптары монитордо жыбырай жүгүргөн компьютердин
алдында олтуруп, ал океандагы киттердин кооптуу демин
кайрадан эшитти. Булар дагы кайда жөнөштү? Демек жер
students.com. kg 143жүзүнүн кайсы бир жеринде бир нерсе болгон го?
Адамдар дагы орду толгус иш жасап жатышкан го?
Тоодой толкундар каршы алдынан биринин артынан бири
оодарылат, океандын кубатын жумшап жана ошол эле
учурда кайрадан толуктап суу ташкындайт, киттер сүзүп
баратышат. Көп өтпөй өзү да аларга аралашып кетти.
Океан компьютердик экрандын жымыңдаган жарыгы
болуп караңгыда жылт-жулт этет. Ошол саатта компьютер
алыскы космосту да, анын сөзүнөн өзүнүн мазмун-
маңызын тапкан түбөлүктүүлүктүн бирдиктүү
континуумундагы эненин боюна бүтүүсүн да камтыды,
жана, океанда сүзүп баратып, ал жердеги бардык нерсенин
ажырагандыгындагы жана бириккендигиндеги бардыгы
үчүн жалгыз жана ар биринде өзүнүкү болгон Дүйнөлүк
жандын образында түбөлүктүүлүк деген эмне экенине
түшүнүк берүүгө аракеттенди. .. Ошентип бүтүндөй бир
текстти түзгөн саптар, биринин артынан бири экранда
пайда боло берди:
«Кассандра тамгасы, жеке саясий максаттарын
көздөгөн айрым ораторлор бизди ынандырууга аракет
кылып жаткандай, кордуктун жана кемсинүүчүлүктүн
белгиси эмес, бул — күтүүсүз, мурда адамдарга белгисиз,
глобалдык масштабда көз камтый алгыс кырсык белгиси
жана ошондуктан адамзат үчүн жазмыштын социалдык-
биологиялык кубулушу катары бөтөнчө мамилени талап
кылган, биздин алаамат кырсыгыбыз жөнүндөгү
кыпындай белги. Филофейдин ачылышы, биздин аң-
сезимибиз генетикалык деңгээлде
деформациялангандыгын, муундан муунга Дүйнөлүк
жандын идеалына каршы жашаган адамдардын күнөөсу
менен деформациялангандыгын далилдейт. Трагедия
шайлоо алдындагы жыйналышта көрүнгөндөй, кассандро-
students.com. kg 144эмбриондорду жашоо үчүн күрөштөн баш тартууга
мажбурлаган себептерди моюнга алуудан биздин
качканыбызда, ар кандай айла-амал менен баш
тартканыбызда. Жашоого үмүттүн өчүшү, дүйнөлүк
цивилизациянын өчүшү деген сөз. Акыр кыямат деген
ошол. Башкача айтканда, акыр замандын келишин биз
өзүбүз шарттаганбыз. Инстинкттик сезгичтиги күчтүү
кассандро- эмбриондор ошону сезип жатат да, ааламдык
компьютердин экранындагыдай, кош бойлуу аялдардын
чекесинде пайда болгон Кассандранын тагы аркылуу
жашоо алдындагы өзүнүн коркунучу жөнүндө бизге
кабарлап жатат. Кассандра тамгасынын өзүнөн эмес, бул
эсхатологиялык жылышты генетиканын түпкүрундө пайда
кылган себептерден коркуу керек... Биз улуу жаңылыштык
жиберебиз. .. Филофей провокатор эмес, ал — космостун
пайгамбары. ..»
Каршы келген толкундарды ого бетер өжөрлөнө
жиреп, киттер океанда катуу дабыш салып сүзүп
бараткандарын Роберт Борк ошол саатта укту, анан ага
алардын жолундагы суу компьютердик экрандын түсү
менен кооптуу жарык чачып, күйүп тургандай көрүндү...
* * *
Ошол түн ортосунан ооп калган мезгилде Спасский
мунарасыадагы сааттын жебеси үкүнүн саатына — түнкү
саат үчкө жакындап калган. Үкү дүйнөнун төрт тарабына
Кремль куранттары үч ирет коңгуроо уруучу мерчемдүү
учурду күтүп турду, урары менен ал ордунан козголуп,
мунара бийиктигинен шукшурула тик сайылып келип,
аянтты каптаган чарчы таштарга жете бербей, кайра кайып
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

көтөрүлүп, анан Кремль сепилин бойлой учуп, андан ары,
демейдегисиндей, Кызыл аянт үстүндө дабышсыз
айланып, мавзолейдин үстүндө ойку-кайкы чабыттай учуп,
жарык дүйнөдө эмне болуп жатканын көрмөкчу. Бул жолу
да укү жапалдаш чоң баштар менен жолугушам деп
күткөн, демейдегидей алардын эмне жөнүндө
кобурашарын угууга үмүттөнгөн. Бул жолу алар сүйлөшчү
сөз көп болчу, өтө көп болчу! Анткени ошонун алдында
Кызыл аянтта үрөй учурган окуя болуп өткөн эле. Узак
өмүрүндө башынан көптү өткөргөн үкү мындайды
биринчи ирет көрүп олтурат жана мындай нерсе болушу
мүмкүн экени оюна да келген эмес.
Бирок, башка жагынан алып карасаң, ушу арбактар
менен маектешкен, же куш, же рух экени белгисиз бул таң
калыштуу мунаранын үкүсү ал турсун акыл-эстүү эле
адамдар дурустап түшүндүрө албаган нерсени кайдан
билсин да, кайдан түшүнсүн.
Баары ушундан башталды: АӨКтү — аскер өнөр-жай
комплексин — сактап калуу боюнча митинг өткөрүү үчүн
Кызыл аянтка миң сандаган эл агылып келе баштаган
күздүн күнүнүн түш маалы эле. Журналисттер жазгандай,
кайра куруу конверсиясы «оборонканын» тамагына
сайылган сөөк болду, державанын кедерине кетип
бараткан күч-кубатын АӨКтү калыбына келтирүү менен
гана сактап калууга болот деген сыяктуу күбүр-шыбыр
нааразылыктар белгилүү бир чөйрөдө көптөн бери
айтылып келе жаткан. Ооба, мындай ой-пикирлер
токойдогу өрттүн түтүнүндөй болуп эл арасында тарап
жүргөн. Мына эми ал тутанып күйө баштады; ага азыр
анын түшүмүн жыйнап жатышкан улутчул-эстей
калуучуларды козутуучулар, кайра куруу дегенин жана
радикал- демократтар деп аталышкандар Батыштын
students.com. kg 146кызыкчылыгы үчүн жок кылып коюшкан деген курал-
жарак сатууну кайрадан баштоого, АӨКтү —
милитаристтик мамлекеттин негизин — кайра калыбына
келтирүүгө коомдук пикирди көшөкөрдүк менен
көндүрүшкөн, далдага туруп алышып кудуңдашкан күчтөр
көп көмөкчү болушту.
Кызыл аянтка эл туш тараптан агылып келип жатты.
Митингге бараткандардын көбү сырттан — мурда
«почтовый ящик» деп аталган жана тиешелүү номерлер
менен коддоштурулган ар кайсы «жабык» шаарлардан —
келгендер болчу. Конверсиянын жүрүшүндө дал ошол
сыры сыртына чыгарылган «ящиктерден» Москванын
бардык вокзалдарына келип жаткан поезддерден
коллектив- коллектив болушуп элдер түшүп жатышты,
алар автомагистралдарды бөгөп, шаардын ортосуна
колонна- колонна менен жөнөштү. Аларга Москванын «
оборонщиктери», улутчул-патриоттор Сталинди көксөгөн
пенсионерлер жана башка, жана башкалар да кошулушту.
Демонстранттар оор контузиядан эс-учун азыр эле
жыйгансыган, өткөн мезгилден чыга калышкансыган
кызыктай немелер сыяктанды, алар мындан аз эле убакыт
мурда ушул эле көчөлөрдө жаалдана каргалган жаман-
жакшы сөздөргө калган кан тырмактуу диктаторлордун
өлүп тирилген портреттерин көкөлөтө көтөрүп алышкан.
Демонстранттардын саны улам өсө берди: бул АӨКтүн
жашырын жайларында мурдагы мезгилде канча күжүрмөн
адамдар иштегендигин айкын күбөлөндүрүп турду. Булар
дүйнөнүн жарымын куралдандырышкан. Эгер өндүрүштү
кайрадан курбаса АӨКтө иштегендерди конверсия
жумушсуз калтырарын эми булар сезип, жан алакетке
түшүп жатышат. Ошентин алар жөнөп беришти... Бул
албуут агым көз алдында дүмүрлөрдү да, таштарды да,
students.com. kg 147үйлөрдүн жулунган чатырларын да агызып жөнөгөн жана
эч кандай күч токтото алгыс суу ташкынын эске салды.
Ошол саатта ошол суу ташкыны сыяктуу өзүнүн
«дүмүрлөрүн, таштарын жана жулунган чатырларын» —
«Конверсия токтотулсун! », «АӨКтү талоонго
таштатпайбыз! », «Жашасын даңктуу АӨК», «Держава —
баарынан жогору!», «Мамлекетке каршы реформалар
жоголсун! », «Танк - туруктуулуктун гаранты», «Курал-
жарактарга — валюта!», «Дүйнөнүн курал-жарак
рыногунда конкуренцияга жолто болбогула! », «Жарыша
куралдануу жөнүндөгү калжыраган сөздөр токтолсун! »
деген сыяктуу так кесер айтылган чакырыктар менен
талаптарды, анан билгендер үчүн таптакыр сандырак:
«Почтовый ящиктерибизди кайра бергиле!», «Почтовый
ящиктерде иштей жана жашай беребиз!» жана ал турмак:
«Пацифисттер, ушунчаңарда оозуңарды жапкыла!»,
«Бизди чөгөлөтүш үчүн бизден кансыз согушту тартып
алышты! », «Танкты мискейге айландырууга жол
бербейбиз! « жана акырында, «Жашасын курал-жарак
чыгаруу — күч-кубаттын жана улуттук байлыктын
булагы! », «Жумушсуздукка жол бербей — биз, акылдын
четке кетишине жол бербейбиз! », «Жашасын кансыз
согуш — техникалык прогресстин кыймылдаткыч күчү!»,
«Саткын гуманисттер жоголсун! » жана башка ушул
сыяктуу дагы көптөгөн ураан-транспаранттарын
көтөрүшүп, көчө-көчө болуп жөнөп баратышты, ырас,
кандай жазуу болсо да чыдаган бир үзүм картон эч нерсе
эмес эле, бирок ал таасирине баш айлануучу күчкө ээ
болчу.
Державанын аскер артыкчылыгынын зарылдыгы
жөнүндө тынбай бабыраган саясатчылар жана
державачылар менен мамлекетчилер дел аталышкандар
students.com. kg 148муну каалайбы, же каалабайбы, курал-жарактардын эл
аралык жарманкесин уюштургандар каалайбы, же
каалабайбы, ал жердеги соода-сатыкта биринчиликти
жеңип алуу улут кызыкчылыгы үчүн ыйык ишке
теңештирилген жана эң башкысы — таза пайдага
миллиарддаган долларларды берүүчү, муну уккандын
деми токтоп кала жаздайт, анткени ошол миллиарддардын
үчтөн бирин ар качан өндүрүшчүлөрдүн түздөн-түз өз
чөнтөктөрүнө салып берүүгө убада берип келишкен,
тарыхта даңкы өчпөгөн биздин курал-жарагыбызды
данктоо боюнча масс-медиада кампанияны баштагандар
муну кааладыбы, же каалабадыбы, эми алардын эч кимиси
ойгонгон нерсени токтото алмак эмес — баары
айлампадагы чамынды болучу...
Кызыл аянтта сансыз баштар кылкылдайт. АӨКтү
жактоо митингисине келип жатышкан миң сандаган
кишилер аянтка толду. «Ве-Пе-Ка! », «Ве-Пе-Ка! »,
«Кремль — биздики!», «Кремль — биздики!» деген
кыйкырыктар асманды жаңыртты.
Тартып алуу вертолеттордон жүргүзүлдү, Бирок
бууракандаган бул көрүнүштүн эбегейсиз зор масштабын
ошол асмандан камтуу да мүмкүн эмес эле. Мавзолейдеги
радиокүчөткүч аркылуу туш тарапка жаңырган жалпы
митингдин, сүйлөнгөн сөздөрдүн фонунда, аянттын ар кай
жеринде ураандары, портреттери жана кыйкырыктары
менен өзүнчө чакан митингдер да пайда болун жатты.
Аянттын «Баталга» деген жерине фиделчилер чогулуп
алышкан, бул алардын көтөргөн сүймөнчүгүнүн
портретинен жана ураанынан көрүнүп турду: «Фидель —
биз сени мененбиз! », «Социализм — же өлүм!» Тарыхый
музейдин жанындагы өтмөлүктө котологон
саддамчылардын: «Саддам — Сен бизге бир боорсуң!»,
students.com. kg 149«Саддам — Сен бизге бир боорсуң!» деген кыйкырыгы
айбаттуу жана кыжырлануу менен чыгып жатты. Дагы бир
өтө уккулуктуу чакырык муштумдарды сереңдете жогору
көтөрүү менен айтылууда: «Кадда-када- Каддафи! Кадда-
када-Каддафи! »
Көптөгөн жылдар бою курал-жарактар массалык түрдө
жөнөтүлүп турган дээрлик бардык өлкөлөрдүн аянтта буга
окшогон ызы-чуу түшкөн жактоочулары бар болчу,
Кытайга, Иранга, Пакистанга, Түндүк Кореяга жана
бөтөнчө араб жана африкалык өнөктөш-сатып алуучуларга
жан тарткандар алардын урматына бийлеп турушту.
Айтпаса да түшүнүктүү, Кытайдын, өзүнүн масштабына
жана демографиялык айырмачылыгына жараша, эбегейсиз
көп жактоочулары бар болчу, алар акын Маонун «Тоостун
ыры» дегенинен гениалдуу сапты кыйкырып жатышты:
«Бийликти мылтык жаратат! Бийликти мылтык жаратат!»
Анан сталинчилер айтыла жүргөндөй: «Сталинге даңк!»
деп жарыша заңкылдашты жана генералиссимустун
келиштире тартылган портреттери баштан жогору
сороктото көтөрүлдү. Бирок ушул кыйкырык-чуунун
ичинен эң эле кыйын салтанат курган Калашниковдун
автоматы болду: «Калаш — Кремль наш!» деген ураан
бардык кыйкырык менен айкырыкты басып кетип турду.
Ошолор менен эле бирге: «Мылтык көккө атылат —
көктөн алмаз чачылат!» деген сыяктуу түшүнүүгө
кыйыныраак табылгалар да ооздон чыгып кетип жатты.
Муну: ракета асманга атылганда, үстүнөн алмаз
жамгырдай жаайт, деп түшүнүш керекпи? Андай болсо
гана! Андай болсо гана!
Мына ушунун баары массалык эйфориянын казанында
буркан- шаркан кайнап, ушунун баары бирдиктүү күч-
кубаттын, кысымдын, ийиндештиктин аң-сезимин
students.com. kg 150козгоду...
Мына аңгыча бир нерсе болот, анан ошондо кумар отунун
пиротехникасы жалт-жулт ойноп, асман жарылат
жаңырат, анан Ал, көпчүлүктүн эркин аткаруучу чыгат...
Бирок Ал ким? Ал деген — Ал да башка сөздүн кереги не!
Ал! Ал!..
Бирок мавзолейден айтылып жаткан башкы
ораторлордун сөздөрү өзүнчө жүйөөлүү жана ишенимдүү
болчу. Курал-жарак өндүрүүнү токтотуу экономикага
жакшы эч нерсе бербейт, бар болгону дүйнөлүк базар
байлыгы ашып-ташыган Американын колуна өтүп кетет.
Ал болсо кол куушуруп олтуруп алган жери жок — курал-
жарак дегенди жылыга, күндүр-түндүр чууртуп чыгарып
жатат жана баардыгын чоло калтырбай куралдандырууда
жана бардыгын бийлөөдө. Андан биздин эмнебиз кем?
Дагы бир далил бар болчу — конверсиядан чыккан
жумушсуздук катуу социалдык нааразычылыкты алып
келет. Дагы — конверсия өлкөнүн өтө кубаттуу
интеллектуалдык потенциалын жок кылат. Дагы, дагы
айтылган сөздүн бардыгы бутага таамай тийип жатты.
Жана ар бир таамай тийген сөз жек көрүүнүн массалык
ыракатын пайда кылып жатты.
Бирок башка күч да бар эле. Ошол маалда Манеж
аянтында, конверсиянын душмандарынын митинги өтүп
жаткан котоломодон омончулардын кырка катары гана
бөлүп турган чектеш майданда башка бир митинг дуулдап,
азан-казан түшүп жатты.
Бул жерде башка публика, коомдун башка бөлүгү —
демократтар, реформаторлор, пацифисттер жана кайра
куруунун башка өнүмдөрү, иши кылып, эркиндикти
сүйүүчүлөр жана ар кандай мүдөө, тилектеги либералдар
митинг куруп жатышты. Алар да көп болчу, элдин
students.com. kg 151көптүгүнөн аянт кылкылдайт, алардын да өз ишенимдери,
чечкиндүүлүгу жана ургаалдыгы жактан калышпаган
чакырыктары жана ураандары бар. Бул жерде да: «ВПКга
берилген артыкчылык токтотулсун! », «Биз ВПКга туткун
болгубуз келбейт!», «ВПК — милитаризмге жардамчы! »,
«ВПК — бюджетти сорот!», «Сталиндик монстр — жок
кылынсын! » жана башка, жана башкалар менен бирге:
«ВПК — өлүмдүн конвейери! », «ВПК — партократтардын
чынжырдагы дөбөтү!», «ВПК — элдин шору!» деген
сыяктуу транспаранттар менен плакаттар жайнайт.
Кызыл аянтта кандай болсо ошондой көрүнүш,
мазмуну гана тетирисинче.
Демонстранттар бул жерде да өздөрүнүн
сыйынуучуларынын жана медерлеринин портреттерин
оболото көтөрүп алышып, эл-журтка көргөзүүдө.
Бирде тигил минтингге, бирде бул митингге, бирде
Кызыл, бирде Манеж аянтына аппаратураларын көтөрүп
алышып, жан-алы калбай чуркашкан корреспонденттер
менен репортерлор үчүн бул окуялар шашылыш
берилүүчү материалдардын болуп көрбөгөндөй молчулугу
эле. Бирок ошондой болсо дагы дасыккан репортерлор эки
плакатка көңүл бурбай кое алышмак эмес, алар
башкаларга таптакыр окшобогондугу менен өзүнөн өзү
көзгө урунуп турду. Бир улан менен бир кыз, сырткы
түрүнө караганда, студенттер — плакаттарын бийик
көтөрүп алышып, элди аралап жүрүштү. Кийин
көргөндөрдүн айтымында, экөө элдин арасында биринен
бири анча алыстабай, сүйлөшө алгыдай аралыкта, бири
биринен көздөрүн албай жүрүшүптүр, эч ким менен
талаш-тартышка да түшүшпөптур жана өздөрү менен
өздөрү болуп, обочолонгон кыязда экен. Улан көтөргөн
плакатта кара боек менен: «Адам жарык дүйнөгө курал-
students.com. kg 152жарак жасоо үчүн келген эмес!» деп бадырайта жазылган,
ал эми бийкечтин плакатындагы жазуу такыр эле үрөй
учурарлык болчу: «Эгер Кремль жарыша куралдануусун
кайра баштай турган болсо, мен өзүмду өзум өрттөп
жиберем! »
Алар учу-кыйырсыз деңиз мейкиндигинде адашкан
кайыктай болушуп, котологон элдин арасында жүрүштү,
бирөөнун көзүнө урунса, бирөөнүкүнө урунбады, кимдир
бирөө мындай декларацияларды түшүндү, кимдир бирөөгө
алар бир нерсе билдирип турду, а кимдир бирөөгө эч нерсе
билдирбеди — ал да мүмкүн эле, анткени тигил тарапта
да, бул тарапта да — Кызыл аянтта да, Манеж аянтында да
— ар кандай билдирүүлөр, чакырыктар, үндөөлөр,
ураандар, протесттер, эскертүүлөр, чечкиндүү, оргу-баргы
айтылган опуза сөздөр митингичилердин башына
жамгырдай жаап жаткан.
Иши кылып, боло турган иш болду. Кишилердин
адатта иш өткөндөн кийин өкунуп калмайлары бар, өзүнүн
кокустан болгондугу менен да жана жазмыштын болбой
койбостугу менен да таң калтырган окуялар быкпырдай
кайнаган көпчулүк жыйында массалык психоз менен дүрт
этип кетерине кийин дагы бир ирет ынанышат.
Күндүн мурду Кремль сепилинен ары кынайды, бака-
шака түшүп, кажылдаган топко ала көлөкө түшүп келатты,
ал эми танапташ аянттардагы митингдер дале болсо
шакардай кайнап, бууракандай берди, репродукторлордон
жаңырган бүйүр кызытар жана көшөкөр сөздөр
чогулгандардын жан-дүйнөсүнө жана акыл-эсине улам
көбүрөөк дүрбөлөң салып, бир жоболоң болорун сездире
баштады. Ар бир тарап, аркы жана берки аянттагылар да,
адилеттикке чакырышты, бийликтегилерге жана элге
кайрылышты, өздөрүнүкүн гана чындык деп эсептеп,
students.com. kg 153өздөрүнүн көз карашын гана туура дешти, дүйнөгө
өздөрүнүн аргументтерин жана тыянактарын сунуш
кылышып, кандарын кайнатышты, — жиндери келди,
токтоосуз аракетке өтүү керектигин, жыйылып калган
энергияны чыгаруу зарылдыгын сезишти. Кажы-кужу
күчөгөндөн күчөдү, репродукторлордон бирин бири
айыптоо, коркутуп-үркүтүү, опузалоо, жаман-жакшы
айтышуу жаңырды, ар бир тарап башка, жек көрүмчү
тарапты ата мекендин арсыз душмандары деп атады.
Аңгыча алгачкы кагылышуу да башталды. Омондордун
арасынан өтүп барышып, «милитаристтер» менен
«антимилитаристтер» бири-бирин жыгачка бекитилген
плакаттар, портреттер менен ура башташты. Аялдар
чаңырып, эркектер кыйкырып, сөгүнүп жатышты. Сабаш
башталды. Омондордун сабашкандарды тыябыз, чатакты
басабыз деген аракети эки тараптын жаңжалын ого бетер
күчөттү. Ошентип кишилер ушуну эле күтүп
турушкансып, жалгыз гана ушул үчүн чогулушкансып,
заматтын ортосунда жалпы ит урушу — сабашуу —
башталды. Сыймыктанта көтөрлүгөн портреттер менен
плакаттардын ушул жерде кереги абдан тийди — ошолор
менен бири бирин башка-көзгө койгулап жатышты. Аккан
кан, көз жаш, онтогондор, жүздөгөн кишилердин, эркектер
менен аялдардын, жаштар менен карылардын сабашып
жаткандары майда-чуйдасына чейин жана ой-кырынан —
төбөдөн, вертолеттон, жер үстүндөгү мүмкүн болгон
бардык ыңгайлардан тартып алынып, бүткүл дүйнөлүк
телеберүүнүн экрандарына жамырата чыгарылды.
Мына ошондо баягы экөө — улан менен бийкеч —
окуянын чок ортосунда калышты. Алар көтөрүп
жүрүшкөн плакаттарын сабашууда колдонушпаганы
өздөрүнүн шоруна айланды. Кызыл аянттагы вэпэкэчылар
students.com. kg 154конверсиячыларды сабап жаткан чакта, капысынан,
баягыдай эле плакатын жогору көтөрүп, заары бетине
чыккан патриоттордун мурдуна такап көрсөтүп жаткан
сыяктанган баягы жигит көрүндү.
—Ий, ушундайбы, сволочь, сен кимдин мурдуна такап
көрсөтүп жатасың, кимдин башын айландырмакчысың? !
— деп бакырды кол салгандардын бири. — Демек биз
туулбай коюшубуз керек экен да?! Ой, энеңди гана
урайын! — ошентип уланды ура башташты, плакатты
тытып ыргытып жиберишти. Дал ушул учурда, адамдын
үрөйүн учурган, эгер Кремль жарыша куралдануусун
токтотпосо өзун өрттөп жиберүүгө ант берген
транспарантын көтөрүп, тигил жигитке болушуу үчүн
баягы кыз жетип келди.
Кыздын ушундай транспарант менен митингге
барышы туура беле? Максаты эмне эле? Ал эмне үчүн
мындай кылды — жаштыгынанбы, же жамандыгынанбы,
же тескерисинче, мындай кадам жасоого аны ишеними
менен аргасынын түгөнгөндүгү мажбурладыбы? Анан
акырында, оборонщиктер- вепековчулар тепкилеп жаткан
шеригине барардан мурда тигил каргашалуу плакатты
эмнеге ыргытып жиберген жок? Антүүнүн ордуна кыз
жоболоңдуу плакатын колуна кармаган бойдон шеригине
умтулду:
— Бул эмне кылганыңар? Тийбегиле! Силердин аны
урууга кандай акыңар бар? Тийбегиле дейм! Токтоткула!
— деп кыйкырды кыз.
Сөзү текке кетти. Жигитти бешөө токмоктоп жатты.
Көзү-башы көгала болгуча токмоктоп кое беришсе болот
эле го. Бирок бул жаңжалдын акыры эмне болорун, ачуусу
адисинен ашып, заары башына чыккан сүрмөтоп дагы
эмне кыларын ким билиптир?!
students.com. kg 155Вепековчулар кызды оозуна келген жаман сөздөр
менен сөгүп каршы алышты:
— Кана, канчык, аман-сооңдо бул жерден жогол,
болбосо сага дагы көргүлүктү көрсөтөбүз!
Ушул жерден оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып,
ажылдап жаткан бир катын дал бутага тийгизе айтты:
— А-а, сен чагымчысыңбы? Өрттөнүп өлмөкчүсүңбү?
Ой, эл-журт, карагыла, эми кантем, мына бул чагымчы-
канчык азыр өрттөнүп өлөт да, биздин Кремль урап
түшөт! Азыр, мына биздин көз алдыбызда! Тумшугун
талкалап салгылачы, үйүн таппай калсын!
Кызды качырып сала беришти, курткасын айрып
ташташты. Бетинен кан кетти.
—Тарткыла колуңарды! Мыкаачылар! — деп
кыйкырды кыз бетине канды шыбап. Анын плакатын да
заматта тытып ыргытып жиберишти.
— Ии, эми кантесиң? Өрттөнүп өлөсүңбү, же мушту аз
жедиңби? Былжыраган сөздү жазардан мурда ойлонгун!
Эмне үчүн өрттөнүп өлбөйсүң?
Жоболоң көз ачып жумганча болду.
—Сен мага ширеңке тартып көр! — деп кыйкырып
жиберди кыз, буткөн бою калчылдап, заардуу күлку
алдында.
Ошол замат кимдир бирөө жандыруу үчүн
ширенкенин кутусун ала койду.
— Кимде оттук бар? Ха-ха-ха! Сен андан көрө оттукту
жандыр тигиге! — деп дагы бирөө кеңеш бере койду.
— Токто! Антчү болбогула! — деп чаңырып жиберди
кыздын шериги, токмоктоп жаткандардын колунан
суурулуп. Үлгүрбөдү. Чагылган ширенке кыздын ийинине,
анын синтетика курткасына тушту да, дароо жалбырт дей
түштү.
students.com. kg 156Баары селдейе түшүштү, анан кетенчиктей беришип,
чачырай качышты. Ал эми жалынга чулганган кыз кулак-
мээни тундура чаңырып, качып жөнөдү. Ошондо Кызыл
аянттагы көрүнүш тозоктон кем болгон жок. Эл жыйылган
жердеги дурбөлөң алардын шакардай кайнаган,
кыйраткыч жаалындай эле коркунучтуу эмеспи...
Жакын эле жерде кимдир бирөө таштаган бомба
жарылыптыр, же, кыязы, кимдир бирөө өзүн өзү өрттөп
жибериптир, же дагы бир шумдук жоболоңдуу иш
болуптур деген айың чагылгандай тарап, митинг өткөрүп
жаткандарды безге сайгандай дүрбөттү, кишилер баарын
унутуп коюшуп, бири бирин жөөлөп, мүдүрүлуп-
жыгылып, кыйкырык-өкүрук менен, эч кандай
зарылчылыгы болбогондон жана болушу да мумкүн
эместен бетер, ыйык көргөн портреттерин жана жалындуу
чакырыктарын аяк алдына таштай салышып, көчө-
көчөлөргө түшүп, качып жөнөштү. Кишилер акылынан
шашкан, алдастаган тейде качып баратышты, өздөрүнөн
өздөрү качып баратышты.
Ушунун баарынын эмне кереги бар эле, Кремлдин
жанында буркан-шаркан түшүүнүн эмне кереги бар эле —
эч ким өзүнө жооп бере албады. Же чатак чыгаргысы, же
тамашалагысы келгендиктенби, же чыны менен элеби —
айтор өзүн өзү өрттөйм деген кыз «жалбырт» дей түшкөн
секундадан баштап, мезгилдин жаңы эсеби ачылды. Анын
чаңырып, жалынга чулганып качып баратканын жакын
жерде тургандардын баары көрүштү. Кыз жерге күп
кулады. Ага жанагы жигит жана анын артынан чуркашкан
бир нече омончулар жете келишти. Алар курткалары
менен куйүп жаткан кыздын денесинен өртту
шашкалактай чапкылашып, өчүрүп киришти. Бирок кеч
болуп калды. Анын айласы кеткен шериги башып
students.com. kg 157мыкчып, чөгөлөй жыгылды. Аңгыча бир заматта ээндей
түшкөн аянтка вертолет конду, сыягы баятан бери
телевидение үчүн тартып алып жүргөн неме болсо керек.
Кулак тундура шуулдаган баранын алдынан, шамалдан
жана шуулдактан эңкейе калкаланышып, кишилер чуркап
чыгышты, жерден кыздын денесин көтөрүп алышты,
жанагы жигитти жана эки-үч омончуну кошо алышып,
баары асманга көтөрүлүштү. Бирок алардын ичинен бирөө
унутпай, ушулардын баарын тасмага тартып алууга
үлгүрдү.
Вертолет Кызыл аянттын үстүнөн учуп өттү, Спасский
мунарасынын кыл чокусуна теңеле түштү да, Таш
көпүрөнүн үстү менен андан ары учуп, анан Москва
дайраны бойлой калдактап барып, көрүнбөй калды...
Вертолет менен кошо токойго кирип жок болгон
канаттуудай, өздөрү баш-оту менен берилген идеяларына
ушунчалык алдас ура, ушунчалык үрөй учура жана
кылчаюусуз өздөрүн курман чалган эки жаштын, кыязы,
студенттердин, трагедиясы шаар койнуна сиңип жок
болду.. .
Ишке ашпас куру кыялдарга берилткен жана алардын
урматы үчүн эмнеге болсо да бой таштаткан чиркин
романтиканын күчү ай!
Ошол күнү кечинде шаардын ортосу күндүзгү болгон
окуядан улам көпкө тынчыган жок. Кандары дүүлүгүп
калган адамдар тынчып жата алышпай, көчөдө жүрүштү,
алардын көңүлдөрү ордунда эместиги сүйлөгөн
сөздөрүнөн, өңдөрүнөн, баскан-тургандарынан сезилип
турду. Кишилер топ-топ болуп чогулуп туруп алышып,
талашып- тартышып, ой жоруп жатышты: жандырылган
бир тал ширеңке ыргытканда өчүп калышы мүмкүн эле,
бирок өчпөй калып, кыз көз ачып-жумганча жалбырттап
students.com. kg 158чыкты — бул кандайча болуп кетти? дешип такыр түшүнө
албай жатышты. Мүмкүн анын кийими дүрт деп жаңып
кетчү бөтөнчө составга кандырылгандыр? Бирок сөзсүз
эле ушул өлүп кеткенге чейин барыш керек беле? А
мүмкүн андай эместир, мүмкүн бул таптакыр эле башка,
адам өзүнүн чегине жеткен ички чыңалуусуна чыдабай
жалбырттап кетүүчү кандайдыр бир акыл жеткис
жаратылыштын метафизикалык кубулушудур? Анан калса
түн ичинде фосфор жарыгы жанып турган адамдар болот
деп айтып жүрүшпөйбү. Кандай экенин ким билет?..
Аңгыча түн да кирип калды. Көчөлөрдө кишилер азая
баштады. Автомашиналардын каалгаларын тарс-турс
жаап, ошол эле жерде рэкетирлерге берчүсүн берип, түнкү
көңүл ачууну жакшы көргөндөр кыймылга келишти.
Түнкү жайлардын оттору жанды, жан сырын
жандандыруучу чырактар күңүрттөлдү, электромузыка
шаңшып, көкүрөктөр жайдакталды, жамажайлар
жайылды. .. Баарын унутуу, эч нерсени эске албоо, өзүнөн
оолактоо, Кудайдан култ коюп оолактоо керек эле...
Ошол түнү Кызыл аянт жымжырт болчу. Кыбыр эткен
жан жок. Күндүз адамдардын арам күчү ойногон, жин-
шайтандын ордосу болгон, кан агып, ажал каттаган жерде
эч ким болгусу келбеди. Күңүрт жарык турду. Бардык
жерде, майдан талаасында ташталгансып,
демонстрациячылар мушташта жана бири биринен качып
баратканда тебеленген портреттер, ураандар, плакаттар
жатты.
Алар менен эч кимдин иши да болгон жок.
Ай Кремлдин үстүндө көкөлөп бийик турду. Баягы
өзүнүн эңсеген саатында үкү учуп чыкты. Калдайган
канаттарын дабышсыз шилтеп, тептегерек, ирмелбеген,
арбап алчудай жалтыраган көздөрү менен чоң башын
students.com. kg 159айланта карап, ал көлөкөдөн бетер бирде тигил, бирде бул
жакта кайып жүрдү. Үкү кусалуу да, капалуу да болучу.
Мавзолейдин үстүнөн дабышсыз айланып, анын эшигинде
таштай катып турушкан күзөтчүлөрдүн көз алдынан
карандап бир көрүнүп коюп, үкү жапалдаш чоң баш
арбактарды издеп андан ары учту. Анан аларды Кремлдин
кыш сепилинин көлөкөлөнгөн жагынан тапты. Жок, алар
бул жолу да жаңы эч нерсе айтышпады. Алар бул сапар да
көрксүз болчу, бирок сыйкырлап койгон сыяктуу эле.
«Социализм — же өлүм» деп митингде кыйкырып
жатышкан сөздү эстерине тутуп калган чоң баш-
жапалдаштар кол кармашып алышып, бир жерди таптап
бийлөө менен бир калыпта кайталай беришти. Ооба, экөө
чарчабай, угулбагандай, көрүнбөгөндөй, үрөй учургудай
кылып: «Социализм — же өлүм!» деп кайталай беришти.
Бийдин бул ыргагы үкүнү бат эле жадатып жиберди.
Ал андан ары учуп жөнөдү, анан Спасский дарбазасынын
жанынан, жолу болуп, тирүү жанды — кайдан келип
калганы белгисиз мас катынды — жолуктурду.
Чач-этеги жайылган, абийиринен айрылган мас катын
кайдагы бир арман ырды созуп коюп, түнкү Кызыл аянтта
жападан жалгыз баратты:
Ай
арман-ай, эмнеге
Туулду
м экен?
Ай
энеке-ай, эмнеге
Туудуң
экен?
Ай
students.com. kg 160арман-ай, эмнеге
Бойлуу
болдуң?
Туудун мени,энеке —
Ойлуу болдум.
Ай
арман-ай, эмнеге
Туулдум
экен?
Каалабагам, энеке —
Туудуң бекер.
Ай
арман-ай, эмнеге
Туулдум
экен?
Ай
энеке-ай, эмнеге
Туудуң
экен?...
Аял аянтты кыйгачынан кесип, темтеңдеп, мүдүрүлүп-
чалынып баратты, бир маалда ГУМдун соода-сатык
жайларынын далдасына кирип, көрүнбөй калды. Анын
каңырык түтөткөн арман ыры дагы бир азга угулуп барып,
анан жымжырт боло түштү.
Үкү болсо Кремль сепилинин үстүнө көкөлөп чыкты
да, бактарды карай салды, анан ушул жерден, калың
бутактар арасынан капысынан, жанагы катындан беш
бетер, боздогондой үн салды да, армаядуу «уу-х!» деди.
students.com. kg 161Ай Кремль дөңсөөсүндөгү кумпаларды, шпилдерди,
чатырларды түбөлүктүү нуру менен шоолалап, сансыз
жылдыздар арасында көкөлөп турду, ошондо үкүгө
кайрадан океанда сүзүп баратышкан алыстагы киттердин
деми угулуп жаткандай сезилип кетти. Алар кайда эмнеге
шашып баратышат? Эми алардын жаны жай албайт. Эми
толкундар тынчыбайт.
- 8 -
«Трибюн» үчүн жазылып жаткан макаланын көпчүлүк
бөлүгү даяр болуп калган, эми аны корутундулаш керек
эле. Бирок иш бүтөөрүнө канчалык жакындаган сайын,
Борктун тынчсыздануусу ошончулук күчөй баштады: —
Кассандра тамгасынын феноменин илимий жактан
түшүндүрүүгө ашыкча сүнгүп кетпеди бекен, ошол эле
учурда элдин басымдуу көпчүлүгү үчүн, а мүмкүн,
абсолюттук көпчүлүгү үчүн, кассандро-эмбриондордун
берген белгилери жөнүндө эч нерсе көрбөй, эч нерсе
укпай, эптеп унутуп коюу үчүн, космостогу Филофейдин
«чагымчыл» аракеттеринен кандай айла менен болсо да
кутулуу маанилүүдүр. Кыйды саясатчы Оливер Ордок дал
мына ушуну сезди да, ошого жараша ыңгайлашты,
ошентип ийгиликке ээ болду. Сөзсүз, ал саясий жеңишке
жетти. Албетте ал алдоо жолундагы жеңиш дечи. Бирок
элдин массалык түрдө өзүн өзү алдоонун жолуна түшүп
кеткендигин аларга кантип түшүндүрөсүң, кантип ага
ынандырасың?
Ордокко караганда анын саясий тажрыйбасы, саясий
ийкеми жетишсиз экенин Борк түшүнөт. Ооба, эми алар
students.com. kg 162душман болуп калышты. Ушунчалык күтүүсүз жерден,
ушунчалык кыркылышкан душманга айланышты. Борк
аны каалайбы, же каалабайбы, алдыда күрөш, сөзсүз
болуучу күрөш турду. Ордоктун күткөну да ошол —
көксөгөн президенттиктин жолунда эл алдында кармаш.
Бул жагынан алганда тагдыр анын колуна марттык жана
ыңгайы менен космостон Филофейди, жерден — Боркту
— салып берди.
Ушул жөнүндө ойлонуу менен, опосуз саясий күрөшкө
кандай тез тартылып кетүүгө мүмкүн экендигине,
тирешүүнүн кан кызыткан кумары жан-дүйнөнү кандай
азгырмачылык менен бекем ээлеп аларына Роберт Борктун
көзү жетти. Ордок менен көзмө көз жолуккусу келди.
Анын жанына барып, көзүнө тике карап туруп, сөөгүнөн
өтүп, чучугуна жеткидей кылып, үнүн катуу чыгарбай:
«Анык жүзүкара турбайсыңбы! » дегиси келди. Анан
баарына: «Ордок жузүкара, мындай немеге бийлик бербөө
керек, анткени ал бийликке азезилдин келгени менен
барабар болмокчу, баарынан коркунучтуусу — анын
азезил экендигин эч ким билбей калат!» деп жарыялагысы
келди. «Жок, жок, менин ишим саясий күрөш эмес, менин
милдетим — Кассандранын белги-бетелери жөнүндөгү
чындыктан тайсалдоо менен жүүнү боштук кылып,
проблеманы тамырлатып, балааны баштарына үйүп
жаткандыктарын кишилерге далилдөө. Бирок бул
коркунучтуу чындык экендигине, ошого карабай андан
качпоо керек экендигине, андан кутулуунун жолун издөө
зарылдыгына аларды кандайча, кантип ынандырам?! »
Борк аба жутуу үчүн балконго чыкты, түнкүсүн аба
салкын тартып, күз мезгил экенин билдирип турду, —
караңгыда жалбырактар тынымсыз шуудурап, учуп түшүп
жатат, Борк чыйрыга түштү. Ай автобанга чыга бериштеги
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

токойлуу дөңсөөгө тиер-тийбес болуп, жаңы чыгып
келатат. Борк бийиктиги жана катмарланганы деңиз
жээгиндеги дюндарды эске салган токойлуу дөңсөөлөрдүн
ары жагындагы гольф талааларын көз алдына келтирди, ал
жакка мурдагы жылдары топ ойноо үчүн барып калар эле.
Анан, кызык, анын эсине качандыр бир көргөн түшу
келди. Көрсө, түш деген качанкы бир болгон чындык
катары адамдын эсине кайрадан түшөт тура. Кайсы бир
түнү, кыязы, жакында эле, ал түш көрөт, түшүндө
айлананын баары гольф ойноочу көк майсың талаа, түн, ай
тийип турат, көңүлү эргип, сергек, бирок, балаа басып,
уядагы топ таптакыр таякты тоготпойт — канчалык
керилип туруп урбасын, таякты канчалык күчтөнүп
шилтебесин топ тоголонуп койбойт, ордунда калганы
калган. Анан аңгыча кайдандыр асман тараптан көзү өтүп
кеткен, кафедрада бирге иштешкен коллегасы, профессор
Макс Фрайд пайда болот. Жүрү, дейт ал, Айга учуп
кетебиз, ал жакта ушундай бир сонун талаалар бар, ай
гольфун ойнойбуз. Макстын айтканына көнүп, ээрчип
жөнөйт, алар гольф талааларынын үстүнөн каалгып
учушат, арттан болсо аны кайра чакырып, Жесси чуркап
келатат. Эмнегедир ыйлап алыптыр. Бул эмне болгон
түш? Таң каларлык, жана мындай ойлоп келгенде, анча
таң калууга деле болбойт. Макс анын жакын досу болчу,
билбегени жок, астрологиянын артынан сая түшкөн неме
эле. Гольфту канча эсеп менен утаарын, же уттураарын
жылдыздарга карап айтууга аракеттенчү. Анын
көрөгөчтүгү кээде дал келип калчу, бирок көпчүлүк
учурда «көзү ачыкты» шылдыңга калтырчу. Мүмкүн
тигил дүйнөдө Макстын руху бир нерсени сезгендир,
Макстын өз сөзү менен айтканда, негативдүү
астрологиялык фактордун жакындап келе жатканын күн
students.com. kg 164мурунтан көрүп, досун сокку алдында калтырбоо үчүн
Айга чакыргандыр. Жанагы тушкө киргени алдын ала
эскертип жатканы го.
Ооба, Макс тирүү болсо, митингдегини көргөндөн
кийин, түн катып, алардыкына, Ньюбериге жетип келмек.
Андан бир нерсе өзгөрүп кетпесе деле ал ошондой шашма,
бирок өтө боорукер адам эле. Кээде роялда жөнөкөй
нерселерди Жессини коштоп ойноп калчу, кыйла дурус
ойноочу. Жесси тамашалап калчу: «Сенин досторуңдун
баары, Боб, Макс сыяктуу, — классикалык варианттагы
күлкү келтирерлик интеллигенттер. Дегинкиси силер
монахтар боордоштугун түзсөңөр болмок экен, сен
ордендин башчысы, догма жагынан нускоочу болсоң, ал
эми келишимдүү Макс сенин оң колуң болсо, баарына
үлгүрмөк. Мына ошондо силер илимде эле эмес, башка
дагы бир нерседен, таптакыр башка нерседен көзгө
көрүнмөксүңөр». Бечера Макс, Жессиге тымызын ашык
эле, анан анысын кез-кезде тамашага айландырчу. Алагүү
болуп турган чагында оюндагысын айтып салмайы бар
болчу:
«Ий, дечи, Роберт, мен сенин көзүңө айтайын, сен
менин жашоомо чоң жолто болдуң».
«Ал эмне дегениң? »
«Эгер сен болбогондо, мен Жессиге ашыктыгымды
айтмакмын».
«Менин оюмча, азыр деле кеч эмес го?»
«Жок, эгер сен таптакыр эле туулбаган болсоң, мына
ошондо гана айтмакмын».
«Андай болсо айла жок тура. Мен туулмак эле турсун,
сенин жаныңда олтурбаймынбы».
«Кептин баары ошондо да. Эми түшүндүңбү, мага
катуу жолто болгонуңду? «
students.com. kg 165«Макс, достум, сен анда өтө эле оңой турмушту
каалаган болор элең. Андай экен, сен өз бактыңды ошол
туулуп калган адам алдында байкап көр, ал эми сен
каалаган шайма-шай келген шартта, кызыгы жок».
«Жок, сенин алдыңда мен көзгө урунбайм. Таптакыр».
«Койсоңчу. Сени зайыптардын баары жактырат — сен
келбетиң келишкен, мындайча айтканда, көрктүү
жигитсиң, качандыр бир кезде мотоциклде зуулдачу элең,
баары ооздорун ачып калышчу. Анан да сен менден
жашырааксын».
«Мен мотоциклистмин, сен болсо — дүйнөгө
белгилүү окумуштуусуң, мен — мотоциклистмин, сен
болсо — бай адамсын, жазган китептериңе чон калем акы
аласың, сөөлөттүү Ньюбериде сонун үйүң бар, аялың сага
Бахтан, Бетховенден виоленчелде ойноп берип турат, мен
мотоциклде өйдө-төмөн зуулдайм, сен модалуу Ньюбери-
гольфто топ кубалайсың, мен болсо мотоциклде зуулдайм;
сен кремлдерде, ак үйлөрдө чыгып сөз сүйлөйсүң, мен
болсо мотоциклде зуулдайм...»
«Токто, токто, Макс, деле бечера боло каласың да. Сен
мотоциклист эле эмессин, анын үстүнө ал мезгил өттү.
Сенин өз илимиңде — саясий географияда — даңкын таш
жарат, бүткүл планета сенин колунда. Анан калса кеп
планетада да эмес, планета эмне болуп калыптыр! Сен
абайла, кокус Анна, татынакай поляк кыздарынын
мыктысынын мыктысы, угуп калса, атың эмне болот?!
Жаңжал чыкпайбы! Мотоциклиң да жардам бербейт! Анна
болсо кыялында сени эч кимге теңебейт.»
«Ырас, Роберт, сен мени сөздөн кармадың. Анна
жөнүндө айтканың туура. Ал эми тигил планета жөнүндө
— анча эмес. Саясий географияда баарын билүүү керек,
ансыз ага кийлигишүүнүн кереги да жок. Бул бөтөнчө,
students.com. kg 166баарын камтууга умтулган илим. Бул, мен айтар элем,
маалыматтардын банкы. Ооба, бул жагынан алганда мен
— дүйнөлүк банкирмин. XX кылымдын Ротшилди десең
да болот. Мен баарын билем, баарын угам, андан эмне
болду?»
Бүгүн ал жок. Автокатастрофада жантаслим болду, өтө
эле учуп-күйүп жүрчү эле. Анна дароо картая түштү. Уулу
үйлөнгөн, өзүнчө турат. Жесси экөө телефон чалышып
турушат, кээде көрүшө калышат. Акыркы ирет Анна
жайында келди. Таза абадан дем алып, сейилдөө үчүн,
ойногондорду көрүү үчүн баары гольф-талаага барышты.
Жакшы эс алышты, ошояктан, гольф-клубдун
ресторанынан түштөнүштү. Анан өткөн күндөр жөнүндө
сөз өзүнөн өзү чыгып кетти, Максты көп кеп кылышты...
Маркум ушул жерлерди жакшы көрөр эле. Зуулдап жетип
келип калчу...
О кайран гана Макс Фрайд досум. Сен азыр
адамдардын акылы менен жан-дүйнөсүнө минтип бүлүк
түшүп, дүйнөдө болуп жаткандарды көрсөң эмне дейт
элең, эмне кылмаксың! Көзгө көрүнбөс генетикалык куюн
көтөрүлүп, чарк айлантын жатат. Эми экөөнүн бирин
жасоо керек: башкалар эмне болсо ошол болсун, өзүм
аман калсам болду, деп көпчүлүгү ойлогондой, «көзүм
көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» дегенсип, корккондо
башын кумга катып алган төөкуштун кейпин кийүү керек,
же жалтанбай Теңирдин көзүн тике карап, анын элге
эскертүүсүн кабыл алуу керек, анткени Теңир эскертип
гана коет, бүтүмгө келүү өзүбүздөн. Бул жагынан Макс
Фрайддыкы чын болчу. Жанагы түшкө киргени да
бекеринен эмес. Демек алдын ала сезип, кооптонду.
Кырсыктан күн мурун сактап калгысы келип чакырды,
Айдагы гольф-талааларга чакырды...
students.com. kg 167Бирок эми кырдаал кандай болор экен, анткени Ордок,
чынында, маселени бурмалап салбадыбы, коомду көз
көрүнөө алдады, алаксытып кетти, ошону менен эле бирге
кыраан болуп көрүнүү үчүн Боркту эл алдында саясий
эрөөлгө чакырып койду. Эми Борк даярданышы керек,
тигинин чакырыгын кабыл алып, Кассандра тамгасы
жөнүндө өз сөзүн айтышы, Филофейди демогогиядан жана
саясий спекуляциядан сактап калышы керек. Анан
Ордоктун тигил жоругун мындан башка эмне демексиң?!
О Жараткан, түнкү саат эки болоюн деп калган тура, кой,
олтуруп иштейин, деп Борк эсине келе түштү. Токтоосуз
аракеттенүү керек. Чегинүүгө жол жок. Кабинетине
кайтып келип, кире бериштеги күзгүгө токтоло калды.
Уйкудан калган эки көзү чоктой кызарып, санаа менен
кайгыга толо эле. Чачтары таптакыр агарып кетиптир.
Дагы жакшы, башкалардыкындай болуп жыдып
кетпегени. Жакында эле немистер менен, топураган
журналисттер менен бирге жанынан кемеде сүзүп өткөн
Рейн боюндагы баягы абалкы аскадай кары, алар анын
интервьюсун «Абалкы аска менен болгон интервью», деп
атап салышты, бирок көп өтпөй, Борк Атлантиканын,
океандын үстүнөн учуп баратканда, монах Филофейдин
чагылганы жарк этип, күн күркүрөп, бороон болорун, анан
бардыгы дүрбөлөң түшүп жатканда сценага жанагы
шайтандын шапалагындай болгон Оливер Ордок деген
неме чыга келерин алар таптакыр билген эмес. Ошентип
кармашка чыгууга туура келет...
Борк компьютерге олтурганы жатканда дабыш угулду.
Төмөн жактан Жесси келатты.
— Ии, ишиң кандай? — сурап калды ал босогодон.
— Кандай болсун, иштеп жатам, — деди ал, анан
эмнегедир эсине түшө калган качанкы бир түшүн ага
students.com. kg 168айтууга оозун белеңдеп келатып, айнып калды.
Жесси чарчаңкы көрүндү, ошентсе да анын көзүндө
кандайдыр бир учкун тургансыды.
— Сага жолтоо болбоюн дедим эле, Боб, бирок сени
таң калтыргым келип турат.
— Кана, кантип таң калтырмакчысың мени?
— Мына, бир кучак кагаз алып келдим. Балким сага
кереги тиер.
— Ал эмне кагаз экен?
— Факс. Кимден дейбейсиңби? Энтони Юнгерден.
— Энтони Юнгерденби? — деп кайра сурады. — Эмне
дейт? Эмне деп жазыптыр?
— Жана мен сага бардык телефондорду сууруймун деп
айтпадым беле. Аябай чалса керек. Бирок анып чаларын
ким билиптир? Ал эми холлдогу факсты өчүрүүнү унутуп
коюпмун, оюма да келбептир. Бир маалда шырк-шырк үн
чыгат, карасам — түрмөк-түрмөк кагаз. Ме, оку. Ар бир
барактын башына: «Кудай жалгагыр, факсты өчүрбөсөңүз!
» деп жазыптыр ал. Азыр да анын факсы барак артынан
барак болуп келип жатат. Ага эмне болуп кетти экен?
Бечера жигит. Сен окуй бер, мен анан дагы алып келип
берем.
Күтүлбөгөн иш. Түнкү саат эки. Кимдир бирөө барак
артынан барак жазып, факс жиберүүдө. Жазганда да аны
менен бир гана ирет телефондо сүйлөшкөн, чала тааныш
Энтони Юнгер жазып жатат. Бирок шайлоо алдындагы
митингде, демагогиянын жайдак атын ооздуксуз минип
алып чаап бараткан Ордокту, ийгиликсиз болсо да,
тизгинин тартып, токтотууга батынуу менен принциптүү
кадам жасабадыбы ал, Ордоктун командасындагы адам,
көпчүлүктүн көзүнчө өз лидеринен бөлүнүп, анын саясий
курмандыгынын тарабына өтүп кетпедиби. Митингден
students.com. kg 169кийин ал кандай акыбалда калганын элестетүү анча кыйын
эмес. Ордок өзү жана анын берилген командасы, сөзсүз,
чыккынчы катары Юнгерди күнөөлөштү. Ордоктун
канатынын алдында максатка жетүү жөнүндө ал эми
ойлонбой койсо деле болот. Тели-теңтуштары шылдыңдап
күлүп жатышкан болуу керек: минтин өз жолун өзү
торогон — болуп көрбөгөн иш. Мына ушундан кийин да
ал Ордок абийрин аштай төккөн, массалык митингде
көөлөнгөн адамга жардам берүүгө батынып олтурат.
Энтони Юнгердин алдында Борк өзүн ыңгайсыз сезди,
бирок ошондой болсо да жаны бир аз жай ала түштү. Эч
качан эч ким ага боору ооруп, жардамга кол сунуп көргөн
эмес, анткени ал дайыма күчтүү, өзүнө өзү ишенген жигит.
Эми болсо рингге күч менен сүйрөп чыгарылган неме,
көпчүлүктүн алдында көгала койдой союлуп, рингден
боору менен жылып түштү жана азырынча эл көзүнө
көрүнбөй туруп, боюн жыйнамак да, эми өз эрки менен,
өмүрүн тобокелге салып, кайрадан кармашка чыкмак.
Мына ушунун баарын түшүнгөн Юнгер ар бир барактын
башында: «Кудай жалгагырлар, факсты өчүрө көрбөгүлө! »
деп жалынып олтурат.
«Мистер Борк. Сиздин үйдөгү телефондоруңуз эмне
үчүн иштебей калгандыгын түшүнүп турам, — деп
жазыптыр Юнгер. — Эч качан жадатпас элем, бирок
менин абалымды да түшүнүп койсоңуз. Эгер мен азыр
Сиздин алдыңызда чөгөлөп туруп, Сизге айтып коюуга
милдеттүү болгон нерселерди факс аркылуу болсо да
билдирип койбосом, ал мен үчүн чыныгы өлүмгө барабар.
Шайлоо алдындагы митингде болгон окуядан кийин, мен
жанымды коерго жер таппайм, мен баарына, ал турсун
жан кыюуга да даярмын, эгер анын кандайдыр бир
жардамы болсо. Ушундай үрөй учурар сөзүм үчүн мени
students.com. kg 170кечирип коюңуз. Бирок Ордок менен болгон бул адам
жийиркенерлик окуяга Сизди мен тартып олтурбаймынбы,
бул көкүрөгүн койгулап, өз атын өзү чакырган абийрсиз
сасык саясатчыга Сизди мен бута кылып берип олтурам.
Бышактап ыйлактагандай болбоюн, кечирин коюңуз,
бирок эрдимди кесе тиштеп, өкүнүп олтурам: мен кимге
кызмат кылып, кимдин союлун чабышкам, менин
тайкылыгым менен ишенчээктигим ушуга жеткирмек,
мага чала болот. Бирок азыр сөз мен жөнүндө эмес,
кечириңиз, Кудай үчүн! Кеп мындан ары эмне кылуу
керек, ошол жөнүндө. Кассандра тамгасын кантебиз?!
Айтайын дегеним...»
Ушул жерден барак бүтүп, кийинкиси баягы эле
өтүнүч менен башталат экен: «Факсты өчүрбөсөңүз, Кудай
жалгагыр! »
«Ошентип, мистер Борк, мындан ары эмне кылуу
керек?
Бул иште өзүмдүн акмакчылык жасаганыма карабай,
айрым бир ойлорумду айтууга рахым этиңиз. Балким
пайдасы тийип калар.
Мистер Борк, айтууга канчалык оор болсо да, айтайын.
Сизге ушундайды сунуш кылууга батынганыма алдын ала
өкүнөм. Бирок эми аянар жерим калган жок. Сиздин
алдыңызда менин күнөөм ушунчалык — эми мага баары
бир.
Менин айтайын дегеним, болору болгон соң, Ордокту
жалган айткандыгы үчүн айыптоого болот, анткени ал сиз
менен жеке көзмө көз маектешкенине таянып жатпайбы.
Сиз аны менен телефондон сүйлөштүңүз. А мүмкүн
сүйлөшкөн эмессиз, сүйлөшкөн күндө да башка нерселер
жөнүндө сүйлөшкөнсүз. Бул ошол эле Ордоктун өзүнө
жараша мамиле болмокчу. Жүзүкаралыгына жараша
students.com. kg 171мамиле. Сүйлөшкөнүңөр жазылып калган эмес. Мен аны
билем. Кепил боло алам. Ойлонуп көрүңүз. Ушундай
кылууга болот десеңиз, мен анын абийирин айрандай
төгүүчү сенсация уюштурам. Андайды масс-медиа баса
калат.
Бирок күрөштүн, албетте, башка жолу да бар. Эгер
Сиз, мистер Борк, Филофейдики туура экенине ишенсеңиз
жана чындык үчүн өз пикириңизде турсаңыз, мен Сиз
менен аягына чейин барууга даярмын, албетте, бул жерде
менин кызматым сүрөөнчүлүк гана болмокчу. Мен Сиздин
жан жигитиңиз болуп бере алар элем. Ал эми Сиз баш
тартпайм десеңиз, алдыда чон салгылаш тургандыгы —
айдан ачык.
Кырдаал ушундай түзүлдү, азыркы учурда Сиз майдан
талаасындагы жалгыз жоокерсиз, космостук монахты
ачыктан ачык жактаган, анын эсхатологиялык
концепциясын колдогон, мүмкүн, мүлдө планетадагы
жападан жалгыз адамсыз. Шайлоо алдындагы болуп өткөн
окуядан кийин, Ордокту тикесинен тик туруп колдогон
«бирдиктүү элдик фронттон» кийин, Филофейдин
ачылышын жактап айтаар сөзү бар бир аз кишилер да
этият болушуп, унчуга алышпайт. Ал эми калктын
басымдуу көпчүлүгү... »
«Факсты өчүрбөсөңүз экен, Кудай жалгагыр»
Ошентип, мистер Борк, митингдеги шайлоочулардын
түрүнө караганда, калктын басымдуу көпчүлүгү, ал турсун
тилекке каршы, өлкөнүн бүткүл эли деп айтса да болот,
Кассандранын тамгасы боюнча космостук экспериментке
каршы. Кассандро-эмбриондор жөнүндө элдин уккусу
жок, билгиси жок, аялдар тапкыч-нурлардын көзөмөлүндө
болууну каалашпайт. «Альфа-Бейсболдогу» митингде
students.com. kg 172болгон окуяны бардык маалымат агентстволору берди.
Ошондон улам штаттарда Ордоктун кадыр-баркы дароо
көтөрүлдү. Азыр ал адам укугун тикесинен тик туруп
коргоору, аял-эненин эзелтен берки ыйыктыгына чаң
тийгизбестиги жана, ал айткандай, филофейчилердин
кимисинин гана болбосун, алар кайда гана жүрүшпөсүн —
мейли жерде, мейли космосто болсун — караганатай
иштери менен жан аябай күрөшөрү жөнүндө билдирүү
жасады — темирди кызуусунда согоюн деди. Сиздин
фотографияңызды, мистер Борк, ушул азыркы тапта
телеэкрандардан такай көрсөтүп, тиешелүү
түшүндүрмөлөр менен коштотуп жатышат. Москвадан
Филофейдин фотографиялары табылыптыр, алар да ишке
киргизилди.
Мен буларды жазып жатканым, Сиз телефондорду эле
эмес, телевизорлоруңузду да өчүргөн болушуңуз керек деп
ойлодум. Сизди митингдин натыйжалары жөнүндө,
окуялардын андан аркы өнүгүп жаткандыгы жөнүндө
билип алсын дегеним. Бул процесс дагы күч алат, дагы ээ-
жаа бербей өөрчүйт деп корком...»
«Факсты өчүрбөсөңүз экен, Кудай жалгагыр»
Ошентип, мистер Борк, бул процесс ээ-жаа бербей
өөрчүйт, ошон үчүн Сиз, мындай кырдаалда баарыдан
мурда кандай позицияны, аракеттенүүнүн кайсы жолун
тандап аларыңызды чечип алышыңыз керек деп ойлойм.
Аяткени «генефонддун көзөмөлдөнүшүнө» — ушунтип
атап алышты — каршы жапырт кыйкырып чыгуулар
башталышы мүмкүн. Эгер Сиз «Трибюнга» макала
даярдап жатсаныз, анда редакцияга барышыңыз керекпи,
же андан көрө материалды факс, телекс, же дагы кимдир
бирөө аркылуу жибергениңиз дуруспу — ошону
students.com. kg 173ойлонуңуз, анткени менин укканыма караганда,
редакциянын эшигинин алдында плакаттарды көтөрүшкөн
пикетчилер котолоп, коркутуп-үркүтүп, кыйкырып
жатышыптыр. Газетанын имаратын күндүр-түндүр
камоого алабыз дешиптир. Мындай учурда жаалданган
элге полиция дайыма эле туруштук бере албайт.
Билдирген кабарым биринен бири суук, кечирип коюңуз.
Дагы кайталайм: Сиз майдан талаасындагы жалгыз
жоокерсиз. Филофей — космосто, душмандарынын колу
жеткис жерде, ошону менен эле бирге тилектештери
менен чогуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап турат.
Кайсы жолду тандап алаарыңызды чечиңиз.
Сиз башкалар түшүнбөгөн жана утурумдук ыңгайына
карап түшүнгүсү да келбеген, көрпенделер түшүнбөгөн
нерсени түшүндүңүз жана колдоп чыктыныз. Сиз
жалгызсыз жана бул жалгыз адамдын миссиясы. Улуу
иштин баары көпчүлүк учурда жалгыз адамдын миссиясы,
эмне үчүн турмушта ушундай болуп калган — билбейм.
Кандай болгон күндө да мен Сиз менен биргемин, мен
Сизге тирек болууга даярмын, колуман эмне келсе,
ошонун баарын жасоого даярмын, мен башында
жазгандай, Сиздин алдынызда өз күнөөмдү сезгендиктен
эле эмес, анткени Филофейдин ачылышы жөнүндө дал Сиз
менен сүйлөшүүнү Ордокко сунуш кылган мен болчумун,
эң башкысы, Филофейдин идеяларына өзүм берилип
калгандыгыман, адамзаттын келечегине ал экөөңүздөрдүн
түйшөлгөндүгүңүздөрдү түшүнгөнүмдөн ошентмекчимин.
Балким ушул кезге чейин адам адашып келип, эми: же
акылыңа кел да, оңол, же өлүп жок болуп кеткен
мамонтторчо, палеонтологиялык катмарда калууга
даярдан деп өзүнө айтар мезгил жеткендир.
Кечирип коюңуз, барак дагы түгөнүп калды!»
students.com. kg 174«Факсты өчүрө көрбөгүлө, Кудай жалгагырлар. Мен
али айтарымды айтып бүтө элекмин... Мистер Борк,
кечирип коерсуз, ток этер жерине өтөйүн. Менин оюмча,
эртеңки — жок, эми бүгүнкү болуп калды — күн көп
нерсени билдирет. Сенсациялар менен имиш-имиштер
эмитен эле башталды. Бул алааматта жападан жалгыз
диссонанс — бул Сиздин айтчу сөзүңүз, Сиздин көз
карашыңыз жана ойлоруңуздун негиздүүлүгү болмокчу.
Кандайча аракеттенейин дедиңиз? Пресс-конференцияга
чыгасызбы? Андай болсо аны уюштурууга катышууга,
эмне керек болсо жардамдашууга мен даярмын.
Анан дагы. Сизге, Ньюбериге таң эртелеп жетип
келчүлөр арбын болору шексиз, айрыкча репортерлор
эскертпей келишет. Эгер эч кимиси менен жолугушкуңуз
келбесе, көрүнөө бир жерге: «Эч ким менен жолугушпайм
жана менин тынчымды албашыңарды суранам», — деп
жазып, илип коюуну унутпаңыз.
Мен Ньюбериде, гольф-талааларда, шаар четиндеги
парктарда болгом. Мен турган Ридингден отуз
минутачалык жол. Эгер кааласаңыз мен келейин. Сиз
менен иштин жайын талкуулайлы. Ушундан улам Сизге өз
дайнымды билдирип коеюн.
Мистер Борк, түнкү саат төрт болоюн деп калды. Мен
болсом менин факсым сиздин колуңузга тийип, окуйсуз го
деген үмүт менен тынбай жазып жатам. Менин Сизге
айтарым ушунчалык көп эле! Анткени дүйнөдөгү болуп
жаткан окуялар, ал турсун күн сайын пресса кабарлап
жаткандары дагы, цивилизациянын кризисин билдирип
жатпайбы. Ушул шарттарда жарык дүйнөгө ымыркайдын
келиши мина коюлган талаага чыгып келе жаткандай
сезилет. Бирок кайда ал, ошол мина коюлган талаа,
жашоонун кайсы чектеринде жашырылган: адамдын ой-
students.com. kg 175санаасындабы, иш-аракеттериндеби, дүйнөлүк
илимдердеби, же күнүмдүк иштердеби, — сөөмөй менен
көрсөтүү мүмкүн эмес.
Мына азыр эле телевидениеден көрсөтүштү:
Москвадагы Кызыл аянтта — ал жерде басып жүрүүнү
мен жакшы көрөр элем — үрөй учураган окуя болуптур.
Демонстранттардын эки лагери кагылышыптыр: аскер
өнөр жай комплексин жактоочулар менен конверсияны
колдогондор. Натыйжада бир кыз өз жанын өзү кыйды,
көпчүлүктүн көз алдында өрттөнүп өлдү. Адам чыдап
карай алгыс көрүнүш. Комментаторлордун айтымында,
балаанын баары ошол күйүп өлгөн кыздын студент
жолдошунун митингге көтөрүп келген плакатынан
башталган имиш. Ал плакатта... Мен азыр улантам... Барак
түгөнүп баратат».
«Факсты өчүрбөсөңүз экен, Кудай жалгагыр, Кызыл
аянтта болгон окуяны айтып берейин...
Мистер Борк, кептин баары ал плакатта: «Адам жарык
дүйнөгө курал жасап чыгаруу үчүн туулган эмес!» деп
жазылгандыгында. Анан өзүнөн өзү түшүнүктүү, мындай
жазуу Россияда «оборонщиктер» деп аталгандардын,
мамлекет жана коом, башкача айтканда, тагдыр тарабынан
адамдарды кырып-жоюучу курал-жарактарды — нокоттой
октон баштап («оборонщиктер» дүйнө жүзүндөгү ар бир
адамды жүздөн ок менен камсыз кылууну гарантиялайт),
үндөн ылдам самолетторго, күн-түн дебей океан
тереңинде бугуп, буйрук берилери менен континенттер
аралык ракеталарды аттырууга даяр турган атомдук суу
алдындагы кайыктарды чыгаруучу өнөр жайында ишке
чегилгендердин кара жинин кайнатты. Бул талаага кеткен
эмгек, талаага кеткен акча, — дейт экен тигил акылы
students.com. kg 176зирек студент дагы. Биздин американын аскер өнөр жай
комплекси да ушундай эле мамилеге арзыйт. Ал дагы
өзүнө окшогондорду кырып-жоюучу курал-жарактарды
жасап жатат, ал дагы муну коргонуу муктаждыгынан улам
жасап жатабыз деп актанышат.
Бирок, экинчи жагынан алганда, алиги «өзүнө
окшогондор» да периштелерден эмес, алар да аябай
куралданган жана алар да өздөрүнүн өтө кымбат
идеяларынын (азыр эң таасирдүү ураандар — улутчулдук
ураандар) урматына, адилеттиктин урматына жана, —
андан мааниси кем эмес — өз экономикалык
кызыкчылыктарынын урматына кырып-жоюуну эңсешет.
Ошентип баары бири бири менен байланышкан. Анан
калса, алардын байланышпаган учуру болгон эмес, дайыма
байланышта болуп келишкен. Анан кантип студент
кыйкырбасын, анан кантип адам баласына тил бүткөндөн
бери көңүлүндө зилдеп келаткан, согуш менен курал-
жарактын салтанаты акыл-паразатка үстөмдүк кылып
келаткан сандаган кылымдардан бери адам жаңы жарыя
айтууга умтулуп келаткан нерсени плакатка өз колу менен
жазбай кое алсын. Водороддук бомбаны жасаган Сахаров
Россияда дал мына ушуну түшүндү, анан тык токтоду да,
тагдырына каршы кадам жасады.
Курал-жарак жер жүзүндө көбөйгөндөн көбөйүүдө,
буту менен басып, мурду менен тынгандын баары
куралдансам дегенде ак эткенден так этет. Анан кош
бойлуу аялдардын чекесиндеги Кассандранын тамгасы
ошону кабарлап жаткан жокпу, курсактагы кассандро-
эмбриондор ошону үнсүз кыйкырып жаткан жокпу?! Анан
калса, жарыкчылыкка келген дүйнөдөгү ар бир адамга
бери болгондо жүздөн коргошун ок беленделип коюлса
жана ал адам күн мурунтан эле бирөөнү өлтүрүүгө, же
students.com. kg 177өлтүрүлүүгө буйрулса анан кантет?! Алиги студент
ушулар жөнүндө анан кантип айтпай кое алмак?! Анан
жанагы Кызыл аянтта өзүн өзү өрттөп жиберген бактысыз
кызды айтпайсызбы, анын жан дүйнөсүндө кассандра
комплекси менен белгиленген, түйүлдүк кезинде угулбай
калган жана басылып ташталган нерсе ойгонбоду бекен?
Анын эсхатологиялык кыйналышы менен кимдин иши
болду дейсиң?
Адамзат курал-жарак ойлоп чыгарбай эле, согуш
дегенди билбей эле жашаса, өсүп-өнүксө эмне болмок
деген, идеалисттик жактан сандырак болсо да, ой туулат.
Ошондо адам азыркысындай болот беле, ошондо
цивилизация азыркыдай болот беле, же жер жүзүндө
таптакыр башкача өнүгүү өкүм сүрөр беле жана адам
сапат жактан башкача болор беле? Эмне, өнүгүүнүн
башкача жолу башында мүмкүн эмес беле? А эгер мүмкүн
эмес болсо, эгер адамга акыл-эс жогортон берилген болсо,
эгер акыл-эс — биологиялык маңыздан тышкары нерсе
болсо анда себеби эмнеде?
Ана Филофей, космоско кетип калып, дүйнөлүк
көшөгөнү кылтайтып ачты эле, адамдар купуя каргыш
жөнүндө билүүнү каалабай тургандыгы дароо билинди.
Мистер Борк, Филофейдин ачылышы каршылыктан
башка натыйжа бербеген күндө да, мен баары бир ага
ишенем. Мен андан кайда болбосун жан-дүйнөнүн адеп-
ахлак жактан кыйрашы менен тереңдеп бараткан рухтун
кыямат- кайым болоруна кыйналгандыгынын жообун
табам. Карабакта, армяндар менен азербайжандардын
ортосунда көп жылдардан бери уланып келаткан
кылмыштуу согушта, талаа командирлери деп аталган
немелер курман болгондордун өлүгүн сатышканын
укканыңда, эрксизден Кудай бизди эмне үчүн жаратты
students.com. kg 178дейт экенсиң. Майданда шейит кеткендердин сөөгүн
жерге жашыруу үчүн бир туугандары жана жакын
адамдары сатып алууга тийиш экен. Аны бизнеске
айлантып алышыптыр! Өлүгүн сатып, пайда табуу үчүн
өзүнүн эле жоокерин артынан атып өлтүргөн учурлар бар
дейт. Бул жөнүндө газетадан окуганымда төбө чачым тик
турду. Ушундай арам иштер адамдардын жан-дүйнөсү
менен кан-денесине кесепетин тийгизбей коебу,
акырындап тукум куучулук структураны өзгөртпөй,
кийинки муундарга өтпөй коебу?!
Мына адамдын акылына келбей турган
мыкаачылыктын дагы бир мисалы. Салман Рушдини
коргогон адабиятчылардын конференциясы өтүп жаткан
Түркиянын бир шаарындагы мейманканага өрт коюлган.
Анда конференциянын катышуучулары эле эмес,
жайбаракат жашап жатышкандар да тирүүлөй өрттөнүп
кетишти. Анын баарын телерепортерлор тартып алышты:
имарат алоолоп күйүп жатат, тирүүлөй өрттөнүп жаткан
кишилер, өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан өрт
өчүрүүчүлөр, алардын катарында фундаментталистчил
жаштардын чоң тобу аянтта кыйкырып, шаттанышууда.
Алар өрт койгондорду даңкташууда: ыргып-секиришип,
бийлешип, ызы-чуу түшүп, бул алаамат көрүнүштөн тим
эле эротикалык ыракат алып жатышат. Жаштардын
делбеленген, кусаматтуу жүздөрүн өрттүн өлүм көксөгөн
жалмандаган жалыны жарык кылат. Телеге тартып
алынууда. Тим эле кадимки кинонун өзү!
Биз кайда жүрөбүз, биз эмне болуп баратабыз?
Германияда тирүүлөй өрттөлгөн түрк үй-бүлөлөрү
жөнүндө да биз өзүбүзгө өзүбүз ушундай суроо
беришибиз керек болуп жүрбөсүн?.. Сиз газеталардан
окуган чыгарсыз?..
students.com. kg 179Мындай карасантайлыктарды айта берсе түгөнбөйт
жана айткан сайын биринен экинчиси ашып түшөт, анан
калса ар кайсы өлкөлөрдөгү жасалган карасанатай арам
иштер улам барган сайын үрөй учурарлык болуп, өөрчүп
баратканы байкалат. Мына ушунун баары жыйыла берип,
генге таасирин тийгизип жаткандыгын Филофей
далилдеди.
Мурда мен Ааламдын эң жогорку милдети катары
акыл-эске ишенчүмүн, бирок көрсө акыл-эс Арамдыктын
түбөлүктүү туткуну экен. Ал качандыр бир кезде андан
бошонор бекен? Анан калса Кассандранын тамгасы ошол
жөнүндө зар какшап жаткан жокпу бизге?!
Кечиресиз, мистер Борк, факстын кагазын алмаштыра
салайын. ..»
«Мистер Борк, Кудай үчүн мага ачууланбаңыз, менин
ой жорумам өтө эле узак, Сизге кызыгы жокпу деп да
чочуйм. Бирок бүгүн түнү менин жан-дүйнөмдүн капкасы
ачылды. Сиздин абалыңызды түшүнүп турам. Сизди ойлоп
чочулап да жатам, бирок Сиздин кайратыңызга ишенем.
Түзүлгөн кырдаал жөнүндө ойлоо менен, Филофей
орбитада жүрсө да, Жерде болуп жаткан окуялардан
сыртта кала албайт деген тыянакка келдим. Эгер Сиз
каршы болбосоңуз, аны менен тезинен байланышуунун
жолун табуу керек эле; техникалык жактан бул өтө татаал
нерсе, бирок мен муну телекомпаниялардагы жана
космостук институттардагы досторум аркылуу жасоого
аракет кылар элем. Муну кандай дейсиз? Эгер Сиз макул
болсоңуз, мага билдириңиз, анан мен мындай аракет
канчалык ишке ашышы мүмкүн экенин Сизге кабарлайм.
Анан акырында, менин оюмча, эң башкысы. Албетте
Филофей менен байланыш, аны экрандан көрүп туруп,
student
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

учурашып коюу үчүн эле керек эмес да?! Менин оюмча, ал
жооп берүүгө тийиш жана Кассандранын тамгасын ал
кандай жол менен тапты жана ал белги башка эле бир
нерсе эмес, эмбриондун болочок жашоого терс
мамилесинин көрүнүшү экенинин далили эмне? деген
суроого анын жообу даяр экендигинен менин күмөнүм
жок. Рим папасына жазган анын катында бул анчалык
айкын эмес. Бул жагынан кандайдыр бир бүдөмүктүк
турганын Сиз да байкагандырсыз Ага бул суроону
башкалар да, бөтөнчө окумуштуу-биологдор, берүүлөрү
мүмкүн. Мына ошол Филофейдин бүдөмдүк калган
нерсени түшүндүрүп, суроолорго жооп бергени мага
маанилүү сезилет.
Филофей менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн мага
коюңуз. Сиз болсо, Сизге акыл үйрөтүүчү мен эмес,
тезинен зарыл болуучу философиялык негиздөөнү даярдап
жибериңиз.
Биз Оливер Ордок башын айландырган көчөнүн
караламан калкы менен кагылышпай кое албайбыз.
Тагдыр ошол. Биз жеңип чыгышыбыз керек. Ошол
көчөдөгүлөрдүн урматы үчүн!
Сиздин Энтони Юнгер.
Р. S. Менин дарегим керек болсо — үйдөгү факстын,
телефондун номерлери, адресим, — баары ушул
барактарда. Кызматымдагылардын кереги жок, — эми мен
ишке барбайм...»
-9-
Таңкы саат төрт жарым болуп калган эле. Роберт Борк
жазуу столунун үстүндөгү жайылган факстын кагаздарын
students.com. kg 181карап, үнсүз олтурду. Жанында Жесси, факстарды ал да
окуду.
— О Кудай, эмне болуп жатат деги, эмне болуп жатат
деги! — деи улам кайталай берди ал.
— Кичине кынайсаңчы, — деди эри.
— Жалгыз калгын келсе мен кетейин, бирок баары бир
уктай албайм. Мындайда кайдагы уйку. Болуп жаткандын
баары өтө олуттуу экенин мен түшүнгөм, бирок мынча
татаалдашары оюма келген эмес. Эми эмне дээримди да
билбейм.
— Ооба, Жесси, Энтони Юнгердин айткандары туура.
Эң туура, — Борк ойлуу айтты. — Аны бизге тагдыр
жиберип олтурат. Анын бул аракети — жаңы муундун
аракети. Бул дүйнөнү башкача кабылдоо. Аракеттене
билүү деген ушул, дароо сезилип турат. Мен өзүм,
макаладан башка, — макала өтө чоң болуп калды,
бүтүндөй бир бетти ээлейт, эмне болот — билбейм, — бир
нерсе жасайт белем, ким билет. Биз экөөбүз үйгө
жылчыксыз бекинип алдык. Бирок болуп жаткандардан
таптакыр оолак боло албайбыз. Тигил Ордоктун кылган
кара ниет иши...
— Ажаан итти агытып айдактаганы дебейсинби!
— Ооба, ажаан итти агытты. Ошол агытылган ажаан
ит, — аябагандай тажаал. Ордок Филофей экөөбүзгө
массаны атайын көкүтүп жатат.
— Сага каршы чыгып калган ушунча кишини
ынандыра аларына ишенесиңби?
— Мен кайра тартпайм. Далилдейм. Бирок натыйжасы
кандай болот, айтыш кыйын. Кассандро-эмбриондун
феноменинин ачылышы калып алып калган түшүнүктөргө,
азыркы жашоо ыңгайбызга, ой жүгүртүүнүн көнүмүш
стереотибине катуу сокку урат. Кассандро-эмбриондордун
students.com. kg 182эсхатологиялык жообун моюнга алуу, демек башынан
аягына чейин баарынан мурда саясий, социалдык
түзүлүштөрдөн, моралдык калыптардан күмөн саноо
дегенди билдирет. Албетте бардык стереотиптердин
мындай кыйрашы эч кимге, боюна бүткөн аялдан тартып,
Ордокко окшогондорго чейин жакпайт. Жанагы
агрессияга чейин жетип жаткан каршылык мына ошондон.
—Бирок алар Филофейдин өзүн агрессор көрүп
жатышпайбы!
— Ооба, алар аны агрессор көрүп жатышат. Мага ал
пайгамбар, башкаларга — азезил. Дилемма пайда болду:
биз мурдагыдай, жалпы жалганчылыктын шартында,
эзелтеден кандай жашап келсек, ошондой жашай беребиз,
же кассандро-эмбриондордун саны көбөйүп
бараткандыгынын себебин түшүнүп, кыямат-кайымдын
сөзсүз болушун алдын ала четке кагабыз. Адамзаттын
алдында мына ушундай маселе турат.
— Филофей өзү жазып жатпайбы, анын ачылышы
кишилер үчүн асмандан дагы бир Күн чыга калгандай эле
күтүүсүз окуя. Бирок бул экинчи Күн жашоонун
кылымдардан бери калыптанып калган ыңгайын
ойрондошу мүмкүн да! Анын үстүнө силердин
душмандарыңар Филофейди анын эксперименттери адам
укугун бузгандык деп күнөөлөп жатышпайбы. Кеп эмес
бекен? Муну кандай дейсин?
— Жок, бул адам укугун бузганга жатпайт! Менин көз
карашымда, жок, бузбайт. Мен аны жаздым. Окусаң
болот. Кассандра тамгасын билүү — бул биздин
милдетибиз, коомдун милдети жана инсандын милдети,
барыдан мурда боюна бүткөн аялдын милдети, эгер керек
болсо, анын курсагындагы түйүлдүк эсхатологиялык
белгилерди берип жатабы, жокпу — текшерип билүү анын
students.com. kg 183милдети. Кассандро-эмбриондорго тиешелүү
статистикалык маалыматтар, кийин барып коомдун абалы
жана өнүгүүсү жөнүндө билдирүүчү бирден бир кадырлуу
социологиялык көрсөткүч болуп калат.
— Макул, мен сеники туура дейин, Роберт. А бирок
ушунун баарын башкалар кабыл алышпасачы? Кокус сен
эч кимди ынандыра албасаңчы? Анда эмне болот?
—Көп нерсе жагдайга, жалпы кырдаалга байланыштуу
болот. Энтони Юнгер туура айтат, буга Филофейдин өзун
кийлигиштирүү керек. Анын башкы көзүрү — кассандро-
эмбриондордун жообунун эсхатологиялык мүнөзүн
аныктаган илимий байкоолор. Ал ошол илимий
байкоолорун элге жайылтышы зарыл. Ошонун баарысын
бирге алып, биологиялык факторлордон тартып, андан
келип чыккан философиялык тыянакка чейин, дагы бир
жолу эл алдында тастыктоо керек, алсак, пресс-
конференцияда. Филофей өзү түз эфирде болгону өтө
маанилүү! Эгер Юнгер оюн ишке ашыра алса укмуш
болот. Мен толугу менен колдойм. Азыр мен ага факс
жөнөтөм, калганын көрө жатабыз...
Экөө тең унчукпай калышты, халатчан, үрпөйүнкү,
уйкусуз өткөргөн түндө жаактары шимилип, көздөрү
киртейип кеткен, өздөрүнө өздөрү жат сыяктанып
олтурушат — алар өмүрүндө биринчи ирет ушундай
кооптуу түнгө кабылышты, ал түн алардын күнүмдүк
түйшүгүнөн сыртта турган, аларды көздөй келаткан
жоболондуу бир нерседен кабар берип турду. Аалам
ушунтип кайгы-касырет жана азап менен кеңейет.
Сыртта жерге жарык кирип, таң атып калды.
Кечээгидей эле бүгүн да күн ачык, күздүн күнкүдөй
мелүүн жана жагымдуу болчудай сезилди. Алыстан
куштардын сайраганы угулду — кайрадан таң саарда
students.com. kg 184алыска учуп кетчү топ чогулуп жатты. Токойлуу
дөңсөөнүн алдындагы гольф-талаалардын үстүндө
алардын кантип айланып жатканын, кантип океандын
жээгин бойлой, төмөн жакта шарпылдап шоокум салып
жаткан ак жал толкундардын үстүнөн учуп, алыскы
сапарга чыгышарын Роберт Борк көз алдына келтирди;
алар менен кошо бул жерден учуп кеткиси келди, бирок
анын алдында капысынан өмүрүнүн баш тарткыс иши
болуп чыга келген нерсени улантуу турган.
Жарык дүйнө аларга кол шилтебегендиги,
унутпагандыгы жана унуткусу да келбегендиги таң атары
менен белгилүү болду. Ал Чикагодогу кызынан келген
факстан башталды. Эрика таң калып да, чочулап да
жазыптыр: «Түн бою телефон чалып ала албадым.
Телефонуңар иштебейт, факсыңар бошобойт. Ата, эмне
болуп жатат деги? Бул эмне кылганың? Чикаго уу-дуу.
Баары нааразы. Жон экөөбүз дал болуп калдык. Суранам:
токтот. Апа, атамды кой десең боло?!»
Жессинин, албетте, жаны жайында эмес:
— Эмне кылабыз, Роберт? Сен — атасысың. Кызың
капалуу, анын боюнда бар. Күйөө бала да кубанган түрү
жок. Мен аны түшүнөм: Жон директордук кеңештин
мүчөсү, ал мамилесин такташы керек. Биз ушуларды
ойлобой коё албайбыз.
— Туура, баары туура, — Борктун макул болбоого
аргасы калбады. — Бирок мындай кырдаалда мен эмне
демекмин? Бул үй-бүлө маселеси менен бүтчү иш эмес.
Ошондой болсо гана атаганат! .. Сен ага санааркаба,
Жесси. Мен Эрикага жазам, телефон чалам, түшүндүрөм,
санаасын тындырууга аракеттенем. Анан жаштардын да өз
акылдары өзүндө болуш керек да. Албетте, аларга,
бөтөнчө Жонго, компаниясынын өркүндөгөнү баарынан
students.com. kg 185маанилүү дечи. Бирок автокомпаниядан тышкары да
жашоо бар жана да андагы маселелер бардык жана ар бир
адам үчүн маанилүү. Ырас, экөө жакшы жуп, ынтымактуу
— ошондой эле болсун ылайым. Бирок өзүң түшүнөсүң,
эгоизмдин, социалдык эгоизм дегендин кандайдыр бир
чеги болуш керек.
—Ой, Роберт, сага лекция окутуп эле койсо. Болуптур,
колун бошогондо Эрикага факс жөнөтүп коюуну унутпа,
— деп коюп, Жесси жүн кофтасын ийнине салып, кетүүгө
камынды. Юнгердин кеңешине муюду. Келчү
кишилерден: «Тынчыбызды албасаңыздар экен» деген
өтүнүч жана ага байланыштуу кечирим сурап жазган
кулактандыруу илип коюу үчүн жөнөдү. Ал, өздөрү үйдө
мышык-ит деп коюшчу, иттин өзүндөй болбосо да, ошого
катуу окшогон бул саксайган мышыктын коштоосунда
бөлмөдөн чыгып кетти.
Жесси жанындагы мышык-итке бир нерсе деп, чачын
тарап баратып эшикти жаап чыгып кеткенде, Роберт Борк
түн бою олтуруп бүтүргөн макаласын «Трибюнга» берүү
үчүн факска олтурду? Редакциянын кызматкерлери
келгенде материал стол үстүндө жатышы жана дароо санга
берилиши тийиш эле. Макала шашылыш басыларынан
анын күмөнү жок болчу; ал турсун Роберт Борк: «Текст эч
кандай өзгөртүүсүз, автор кандай сунуш кылса, дал
ошондой басылсын! » деген талапты кошо жазып койду.
Макала басыларынан Борктун күмөн санабаган себеби,
«Трибюндун» басуудан башка аргасы калган эмес.
Филофейдин космостон жиберген катын басууга бел
байлаган газета, эми өз позициясынан баш тарта алмак
эмес, анын үстүнө ал өз кадыр-баркын да сактоого тийиш
болчу. Газета минтип: же бар, же жок деп так кесер айткан
учур, бир жагынан мурда болуп көрбөгөн окуя эле.
students.com. kg 186Бирок бул макаладан кийин эмне болору да бештен
бегилүү болчу. Газетанын айланасындагы, Филофейдин
айланасындагы, эми анын, Борктун, ысымынын
айланасындагы кармаш таңдын алгачкы эле саатынан
баштап аеосуз жана катуу болчудай туюлду. Ачыгын
айтканда, алдыда өлбөгөн жерде калышчу кармаш
турган. ..
Ар бир операцияны белги берүүчү коңгуроо менен так
уруп, сунуш кылынган текстти элпек сугунуп, факс барак
артынан барак чыгарып жатты. Факс берүүгө үлгүргөнү
жакшы болду. Бүтөр замат сыртта кандайдыр бир жоболоң
башталганын Роберт Борк сезе койду: үйгө жонун
дүкдүйтүп, үрпөйгөн мышыгы кирип келди, ал сырттан
жек көрүмчү жолбун дөбөт жолукканда ушунтип калчу.
Бирок анын артынан Роберт терезеден кандайдыр бир
кагаздарды жана картонду кармап, террасада үйдү көздөй
чуркап келаткан Жессини көрдү. Ал өңү-башы кубарып,
демигип кирип келди. Түрүнө караганда аны бирөө көчөдө
муунтуп, ал болсо эптеп бошонуп качып келаткан экен
дегидей эле.
— Эмне болуп кетти? — деди күйөөсү ага эрксизден
умтулуп.
— Роберт! Бул бир укмуш, жүзү курусун! Сыртка
чыксам, тиги бурчта кайдагы бир шүмшүктөр
машиналарын токтотуп коюшуп, турушат... мына кара,
эмнелерди чаптап салышканын!
Жесси газеталар менен бирге сыртта дубалдан сыйрып
алып, үйгө ала келгендеринин баарын — боек менен
шашылыш жаза салынган уят-сыйытсыз, одоно, кордогон
жазууларды — стол үстүнө таштады. Аларды карап көрүп,
Борк өзү да шалдая түштү. «Борктун биздин көчөдө
жашаганынан уялабыз!» — кошуналарынын бири жазса
students.com. kg 187керек. Анан: «Аялдарды жек көргөн, курсактагыларды
куураткан Борк, биздин Ньюбериден чыгып кет!»,
«Ньюберинин феминист-аялдары Боркту жек көрөт!»
Башкалары мындан жаман: «Борк — шүмшүк!», «Борк —
КГБнын агенти!», «Боркту атып таштоо керек!», «Мага
кабылчу болсоң, карыя, муунтуп өлтүрөм! —
Кассандранын Эмбриону».
— Демек таң атпай баштайлы дешкен экен! — деп
кобурады, абдырап калган Борк.
—Таң атпай! Көрүп турбайсынбы, таң атпай! Эми
мунун арты эмне болмокчу, Роберт?! Эмне болмокчу? Бул
акылга сыйгыс иш болду го!
Роберт Борк аркасына алган эки колун ооруганына
карабай, карыштыра кармаган бойдон бөлмөдө аркы-терки
басты.
— Баарына даяр турушубуз керек, — деди ал аялына,
кыйкырып жибербөөгө аракеттенип. Каны кайнап турган
чакта сабыр күтүү да өтө кыйын эле. — Башталышы ушул
болгон соң, жакшылык күтпөө керек. Кечээги митинг
болбогондо мунун баары аздыр-көптүр цивилизациянын
чегинде өтүшү мүмкүн болчу. Жанагы жин урган Ордок
көкүтүп жибербедиби!
— Тиги бурчта тургандарды сен көрө элексин да! —
Жесси сыртты жаңсады. — Турган турпаттары жаман,
түрлөрү суук. Машиналарынын жанында чылым чегип
турушат. Мен буларды дубалдын боорунан сыйрып алып
жатсам, мага ышкырышып, каткырып күлүп турушат.
—Түрлөрүнө караганда кимдер сыяктанат? Ушул
жерликтерби?
— Кайдан билейин. Баягы эле жинсы, куртка
кийгендерден. Арасында аялдар да бар сыяктуу.
—Түшүнүктүү, — деп койду күбүрөп Борк,
students.com. kg 188түшүнүктүү эч нерсе жоктугуна карабай.
— Полицияга кабарлаш керек, Роберт. Полицияга
чалчы. Чара көрүшсүн.
—Шашылбай кое тур, чалганга үлгүрөбүз. Күтө
туралы. Эгер бир нерсе болсо, анда — албетте.
— Мындан артык да бирдеме болмокпу! Болчусу
болгону ушул да! А сен — кое тур, дейсиң! — Жесси
стулга олтура кетти да, кайрадан ыйлап жиберди.
— Жесси, жаным! Ушул да болот бекен, сабыр кылчы!
— деп Борк анын үстүнө үйрүлүп, шаштысы кете
кобурады, Жесси болсо сүйлөөгө дарманы келбей,
солуктай берди:
— Бул эмне деген шумдук! Бул эмне деген шумдук!
— Мен азыр дары алып келем. Азыр, Жесси, сабыр
кылчы. Мен азыр келем!
Ал Жесси жаткан бөлмөгө дарыга чуркады, калдастап
баратып, каалгага урунуп алды, ушул учурда бурчта
ушаланып жаткан кагазга көзү түштү. Жесси келе жатып
жанагы кагаздардын бирин ыргытып жибергенин ал
түшүндү. Жесси ушунча алдастаганына карабай, эри
көрбөсүн деп ыргытып жибергидей бул кагазда эмне бар
болду экен? Ал ала коюп окуду да, түшүндү. Көзү
караңгылай түштү. «Борк, көтүңдү Филофейге тосуп бер,
тиги кургурга космосто катын деген жок эмеспи!» Анан
ошого жараша сүрөт тартылган. Төмөн жагында: «Салам.
Кассандро- эмбрион».
Ал короого, өзүнүн баягы ээн багына кандайча чыгып
кеткенин билбей калды. Моралдык жактан басмырлоого
алдырбайын, кем акылдыгынан жана сокурлугунан эмне
кылып жатканын билбеген адамдарга кечирим берейин,
мындай ыпыластыктан жогору турайын деп ал өзүн
канчалык ынандырганы менен, көнүлү жайына келбеди.
students.com. kg 189Эми мына: анын башына эң бир бийик ойлор келген жана
ички туюмуна сөз менен түшүндүрө алгыс,
түбөлүктүүлүктүн түкшүмөлү карандаган, анан аны
түшүндүрүүгө аракеттенип, кумга кандайдыр бир купуя
сырдуу чийимдерди чиймелегенде, аялы шылдыңдап
күлгөн жерде, минтип айбандан бетер кордолуп,
басмырланып, башын өйдө көтөрө албай олтурат. Бул
эмне, анын ак сөөктүгү жана курагына ылайык келбеген
баео айкөлдугү үчүн тагдырдын шылдыңдаганыбы? Көрсө
ал тажрыйбасыз турбайбы, турмуш ушунчалык таш боор
кекчил экенин билчү эмес турбайбы. Мына эми улгайып
калган чагында минтип боктуу таяк башына тийип
олтурат.
Көтөрүлүп келе жаткан күн ага бары-жогу бирдей,
керексиздей сезилди. Эч нерсе көргүсү, эч нерсе уккусу
келбеди.
Ал эмнегедир үйдөн кармай чыккан газетаны жаза
салды. Бул жергиликтүү ньюберилик газетанын шашылыш
чыгарылган саны болчу. Ал капкандагы карышкыр
болгонуна дагы бир жолу ишенди. Биринчи бетинде
Оливер Ордоктун шайлоо алдындагы митингден кийин
берген пресс-конференциясынын отчету басылган.
Материал Ассошиэйтед Пресстен алыныптыр. Трибунада
колун албуут шилтеген Ордоктун фотографиясы, бирөө
эле эмес, кеңири планда берилген. Алдында ири ариптер
менен бадырайта жазылган анын сөзү; «Генефондду
большевиктик тазалоого — жол жок! »
Мээлеген бутасын кара: Филофей орус — демек,
сөзсүз, большевик. Сандырак, бирок ишенерлик!
Дубалдын бооруна чапталган барактардын бирөөндө эмне
үчүн Боркту КГБнын агенти дегени эми түшүнүктүү
болду. Баары булганган бир булактан чыгып жаткан тура.
students.com. kg 190Бул тууралуу сүйлөгүсү да, ойлонгусу да келбеди. Көңүлү
эңшерилип, жашоо опосуз көрүндү.
Ал жанынан аялынын үнүн угуп, бурулду. Ыйдан эки
көзү шишиген Жесси кайрат кылууга бел байланган
сыяктуу.
— Энтониден азыр эле шашылыш факс келди, мына,
— деп Жесси эринин жанына олтурду.
«Мистер Борк, — деп жазыптыр Энтони Юнгер. —
Биз телефон менен тезинен сүйлөшпөсөк болбойт.
Суранам, телефонуңарды иштетип, байланышыңыздар.
Сөз космос менен телебайланыш жөнүндө. Аны ишке
ашыра алсак, анда биз элдин көзүн ачабыз. Сүйлөшүшүбүз
керек, биз техниканы Сиздин үйүңүзгө орното алар
бекенбиз. Мистер Борк, бизге бардык жактан чабуул кое
башташты, бирок башыңызды төмөн салбаңыз. Мен 10
минуттан кийин чалам. Сиздин Энтони Юнгер».
— Бул жакшы кеп. Энтони ишке киришкен экен! —
Борк жандана түштү. Дегеле телефондорду иштетеличи,
Жесси. Чалса чала беришсин, андан баары бир кутула
албайбыз. Кулак-мурун кескендей болуп тунжурап
олтурганда эмне!
—Аның да ырас. Жанагыга удаа келген дагы бир факс
мына, — деди Жесси. Бул университеттин ректорунан
экен. «Мистер Борк, Сиздин кызыкчылыгыңызды
ойлогондогу өтүнүчүм: лекция окуу үчүн университетке
келбей эле коюңуз», — деп жазыптыр ал.
—Түшүнүктүү баары, — деди Борк. — Жүрү
телефонго.
Ошол каргашалуу таңда Энтони Юнгердин чалган
телефонунун коңгуроосу жарык нурдай сезилди:
— Мистер Борк, Сиздин үнүңүздү укканыма
кубанычтамын. Факс жакшы, бирок үндү угуу андан да
students.com. kg 191жакшы.
— Албетте! Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы! —
деп Борк чыйрак жооп берүүгө аракеттенди. — Менин
зайыбым, Жесси да, сага салам айтып жатат, Энтони.
—Абдан жакшы. Ыраазымын ал кишиге. Бүгүн
баарыбыз көрүшөбүз го деген ойдомун. Өтө жакшы болор
эле.
— Сөз сенде, Энтони, сунушуңду айт. Сенин түндөгү
факсың бизди зындандан сууруп чыккандай болду.
Ушунтип өзүбүзгө өзүбүз күлбөсөк болбой калды. Кана,
эми эмне кылмакчыбыз? Келечеги болор бекен?
— Иштин кеңири программасы бар. Бирок баарыдан
мурда Сизге айтып коерум, Сиз билип алыңыз, мистер
Борк, редакцияга жиберген Сиздин макалаңыз, балким,
эмгиче космоско Филофейге берилип жатат, мен аны бир
нече минуттан кийин тактайм. Бул Филофейди
космогенетика боюнча анын жердеги алгачкы өнөгү
менен, мен Сизди ушунтип атап коеюн, тааныштыруу
үчүн эле жасалып жаткан жок. Ошентип Филофей,
мүмкүн эмгиче Сиздин текст менен таанышып жатат. Биз
телебайланыш уюштуруп, Филофей экөөңүздөрдүн
катышууңуздар менен пресс-конференция өткөрөлү деп
жатабыз.
— Энтони, садага, бул оюң ченемсиз экен. Бирок аны
кантип уюштурарыңды элестете албай турам. Анын
үстүнө убакыт тар болсо минтип.
— Анын жарасы жеңил, мистер Борк! Мен жалгыз
эмесмин. Менин ишенимдүү досторум, кенен
байланышым бар, «Трибюн» толугу менен биз тарапта, ал,
керек болсо, өз жаны үчүн иштеп жатат. Бирок эң
башкысы — телебайланыштын бардык ретрансляторлору
муну дүйнөлүк окуя катары көрүп, өтө кызыгып жатышат,
students.com. kg 192ал эле эмес, алар муз тепкендерден күтпөгөн жерден
түшүүчү арбын пайданы эсептеп жатышкан кези.
Ошондуктан жан алакетке түшүп иштешүүдө.
— Түшүнбөдүм? Муз тепкениң ким?
— Кечирип коюңуз. Одоно салыштырып койдум көрүнөт.
Ооба, биз муз үстүндөбүз. Болуптур, аны кое туралы азыр.
Кечиресиз, мен өзүмдү токтотуп жатам. Убакыт тар.
Сөзүмдү машинадан улантайын. Биз Сизге, Ньюбериге
баратабыз. Биз төртөөбүз, мен жана дагы үч жигит,
космостук байланышты мыкты жөндөшкөн адистер.
Ошентип төртөөбүз эки машина менен баратабыз.
Машинанын бирөө - техника менен жабдылган жип-
фургон. Калгандарын жолдо баратып түшүндүрөм. Биз
Ньюбериде кырк минуттан кийин, а мүмкүн андан да
мурда болобуз деп ойлойбуз. Картадан болжогонума
караганда сиздин үй «Конферанс» деген супермаркеттен
жарым миль ары турат, ушундайбы?
— Ооба, туура, үч квартал ары.
— О кей! Демек биз жолго чыктык. Ошентип,
шылдыңдап күлбөңүз, мен штабдын начальниги, Филофей
— космос маршалы, а Сиз...
— Мен Жессинин карамагындагы подполковникмин,
— деп Борк сөз таап кетти. — Баса, бир мүнөткө, Энтони.
Убакыт кыска экенин билем, сен жаш жигитсин, анан
дегеле эсиңе алып кой, менин үйүмдөн ишке ашырылчу
космостук байланыш боюнча чыгымды мен өз мойнума
алам.
— Кечигип калдыңыз, мистер Борк. Кызыккан
телекомпаниялар баарын өздөрү каржылайт. Алардын
өздөрүнүн көздөгөнү бар. Кабатыр болбоңуз. Анан калса
менин колуман да бир нерсе келет. Менин атам белгилүү
адвокат болчу, ошондуктан. .. Ал жагын ойлобой эле
students.com. kg 193коюңуз. Андан көрө кассандро-эмбриондор жөнүндө,
Филофей жөнүндө ойлоңуз.
— Ордок жөнүндө, — деп кошумчалады Борк.
— Биринчи кезекте. Ал дагы билегин түрүп, ишке
киришти. Аны жолго чыкканда айтам. Баса, мистер Борк,
кечирип коюңуз, бирок Сизге жана Сиздин жубайыңызга
да үйдөн сыртка чыкпоону сунуш кылар элем. Ал турсун
супермаркетке дагы. Чыдай туруңуздар. Бүгүн болбойт.
Биз баарын ала барабыз. Биз чыктык.
Бир аздан соң ал жолдон чалды. Ушул эки
конгуроонун аралыгындагы бир аз убакыт Борктун
жубайы экөөнө бир кылымдай, жүк, оокаттарыңды
көтөрүнүп поездге отурганда, буга чейинки болгондун
баары артта, горизонттон ары жок болгондой, а поезд
болсо дале ордунан козголбой тургандагыдай, убакыт
жылбай туруп алгандай сезилди. Алардын жашоосу эми
башка, бир окуядан экинчи окуяга чейин минуталар менен
өлчөнгөн катаал арым алганын, алардын тагдырынын
мерчемдүү учуру жакындап келатканын экөө капысынан
түшүнүштү. Кандайдыр бир сырдуу, кандай болору
белгисиз тагдырга эмес, аларга жакын кирип келген
карасанатай күчтөрдүн ой-максаттарынан жана
аракеттеринен келип чыккан тагдырга туш болорун
түшүнүштү.
— Биз автобанга чыгып баратабыз, — деп кабарлады
Энтони Юнгер. — Кыймыл кадимкидей, тыгын
көрүнбөйт, болжогон маалда барып калабыз деп ойлойм,
аңгыча иш жөнүндө сүйлөшүп туралы.
— Кулак сенде, Энтони, сыртта эмне болуп жатканын
билгим келет. Биз Жесси экөөбүз баарынан кол үзүп
калдык, жада калса телевизор менен радиону да өчүрүп
койгонбуз.
students.com. kg 194— Мистер Борк, чынын айтайын, абал өтө оор. Сиз
билип алышыңыз керек, бардык жерде, бардык өлкөлөрдө
абал бирдей — массалык түрдө нааразычылык.
— Мм-да, — деп күбүрөдү Борк трубкага. — Энтони,
менин билишимче, кишилер кассандро-эмбриондорду
турмуштагы болгон чындык катары кабыл ала албай
жатышат. Ооба, албетте, бул психологиялык жактан өтө
оор сокку дечи, буга чейинки жашоонун бардык негизинен
түп-тамырынан бери кайра кароо зарылчылыгы келип
чыгат. Андан көрө шектенүүнүн уу жыланын четке кагып,
жанчып салган жакшы...
— Туура айтасыз, — деди Энтони. — Мен муну
мындайча салыштырар элем: мисалы, Сан-Францискодогу
көпүрөнүн конструкциясынан жарака кеткени
табылыптыр дейли, бирок азырынча өтө берүүгө болот.
Анан ал жөнүндө ойлоп эмне кереги бар? Жүктөрдү тез-
тез, көбүрөөк ташып өткөрө берүү керек, ал эми көпүрөнү
эмне кылууну кийин башкалар ойлосун. Бирок мен
Сиздин көнүлүңүздү бир нерсеге бурайын дедим эле,
мистер Борк, азырынча жолдо убакыт барында,
операторлордун бири рулда, ошондуктан мен Сиз менен
жайма жай сүйлөшө берсем болот, — ии анан Сиздин
көңүлүңүздү бир кызыктай нерсеге бурайын, а сиз өзүңүз
тыянак чыгарыңыз. Мен газеталарды барактап чыктым,
радиодон угуп, телевизор карадым да, Филофейдин
ачылышына карата терс-душмандык тенденцияны
байкадым. Филофейдин ачылышы улутчул ар-намыска
катуу тийиптир. Бул Израилде израилдиктердин
генефондун ушунтип жок кылууга жасалган аракет катары
кабыл алынды. Тапкыч-нурларга каршы калканч табуу,
Филофейдин нурландыруусун жок кылуучу бир нерсе
ойлоп чыгуу керек деген ураан ташталды. Россияда болсо
students.com. kg 195өтө күчтүү каршы чыгуу кыймылы: Филофей тезинен
космостон түшүрүлсүн, ал эч кандай монах эмес, анан, эң
башкысы, — бизге бир эле кайра куруу жетишет,
Гайдардын реформалары эле жетишет, эми орус элинин
генетикалык жактан кайра курулушуна жол бербейбиз.
Филофей — бул космостогу Горбачев! Ал Америкага
сатылган киши! Ал Россияны чөгөлөткөнү жатат! — деген
талаптарды койгон, ураандарды көтөргөн демонстрацияга
айланды! — Окуя мына ушундай өнүгө баштады.
—Бул өтө кайгылуу, угууга оор көрүнүш, жаным
кейип жатат. Эмне кылуу керек? — Роберт Борк
карбаластап калды.
—Сиз андан аркысып угуңуз. Кытайда коркунучту
таптакыр башкадан көрүшүптүр. Бул алардын
демографиялык артыкчылыгынын маанисин жокко
чыгаруунун жолу имиш. Алардын урааны —
демографиялык культивацияга жол бербейбиз! Индияда
болсо Кассандранын тамгасы ритуалдык белги менен
боелсун деген чакырык ташталды.
—Ой-ой, -ой, — деп таң калды Борк, — деги эмне
болуп баратат, Энтони!
—Бирок мени баарынан көбүрөөк таң калтырган
башкасы, мистер Борк, кызык, Сиз буга эмне дээр экенсиз.
Гамбургда баягы атактуу, порттун тегерек-четинде
акмалап жүрүшчү сойкулар менен сутенерлор чаңырып
каршы чыгышты. Сицилияда мафиозилер Палермонун
жээги менен, мындайча айтканда, бүткүл элдик жүрүш
уюштурушту. Латын Америкасында стихиялык мүнөздөгү
көп сандаган каршы чыгуулар, бөтөнчө жашыруун көкнар
өсүмдүктөрүн айдашкан райондорунда болууда. Жада
калса порноиндустрия да четте калган жок — ал да каршы
чыгып жатат. Ооба, террористтик уюмдар, ар кандай
students.com. kg 196революционерлер — баары талтакыр каршы. Эгер
Филофей кол жеткен жерде болгондо, анда алар аны...
Демекчи, ар кайсы өлкөлөрдөгү аскер чөйрөлөрү да өтө
нааразы. Баарынан түшүнүксүзү — кинобоевиктердин
продюсерлери нааразылык билдирип жатышат.
—Ии, дебейсиңби, Энтони, — деди Роберт Борк, —
бул жерде корпоративдик- профессионалдык үйүрдөштүк
билинип турат. Кандай үйүр болбосун жашагысы,
көбөйгүсү келет. Мен ушундай дээр элем. Ал эми
Кассандра тамгасы — алардын чекесине чыккан чыйкан,
келечекте алардын керексиз болуп калуу коркунучу турат
— коомдо бул үйүрлөрдүн көбүнө талап солгундап калат.
Ошентип өзүн өзү сактоо инстинкти ойгонду, үйүр
оңтойсуз кырдаалды сезди. Мен аларды түшунөм. Алло,
алло, Энтони, жакшы угулбай калды эмнегедир.
—Мен Сизди эң сонун угуп жатам, айта бериниз,
Сиздин оюңуз өтө кызык.
— Мына ушундай. Ооба, угулушу оңолду. Айта
берейин. Эгер Филофейдин ачылышынын таасири
астында адам баласынын менталитети өзгөрсө, эгер
адамзат пендеси дайыма эмбриондордун берген белгисине
кулак түруп, өзүнө башкача караган болсо, анда
индивиддин өзүн терс жагынан көрсөтүүгө
ыңгайлашкандыгы азаят. Ошондо кардарга талап болбой
калган коомдо сутенердукту кесип кылуучу адам да
болбойт, Гамбургдагы эле эмес, сойкулардын мурдагыдай
ар түрдүүлөрү да болбойт. Мафия — ошонун эле өзү,
бандитизм, кылмышкерлик — баары байланыштуу. Эгер
Кассандра тамгасы уят эмес, эскертүү болсо, эң башкысы,
— адамдардын такай өзүн өзү өркүндөтүүсүнө демөөр
болсо, муундардын алдын ала жасаган аракетинин
натыйжасында индивиддин өзүн терс жагынан көрсөтүүгө
students.com. kg 197генетикалык ыңгайлашкандыгы жок болсо, анда азыркы
баштан өтүп жаткан кризис акталат. Эрксизден суроо
туулат. ..
— Мистер Борк, ушул ойлоруңузду космостук
телебайланыш учурунда ортого сала алар белеңиз?
—Ортого салууга эмнеге болбосун? Маселе башкада:
мени кулак салып, угушаар бекен? Анткени жанагы сен
айткан каршы чыгуучулар өздөрү жеңилип берүүдөн
коркушат да, бейкуттуктан ажырап калуудан коркушат да.
Анткени андан ары ой жүгүртүү түп-тамырынан бери
өзгөрүшү тийиш, ал, жанагы кассандро-эмбриондор
инстинктивдүү түрдө ушунчалык чочуган жашоодогу
бардык ыпыластыкты, арампөштүктү четке кагат. Аң-
сезим анан калса моралдык жакшы ниеттүү каалоолорго
байланыштуу өзгөрбөйт, аман калуу менен прогресстин
жападан- жалгыз реалдуу шарты ошол болот. Азыркы
шартта ушунун баарын көз алдыга келтирүү да мүмкүн
эмес.
— Баса, мистер Борк, ар кандай диний коомдордун
каршы болуулары жөнүндө көптөгөн маалыматтар түшүп
жатат.
—Ал түшүнүктүү нерсе. Кассандра тамгасы
табиятында бирдей даражада мүлдө бардыгына тиешелүү.
Бул мааниден алганда кассандро-эмбриондордун
реакциясы универсалдуу. Адамзаттын топторго,
блокторго, агымдарга, өзгө жана жатка бөлүнгөндүгүн
пайдаланган, мындай бөлүнүүчүлүктөн жана карама-
каршы туруучулуктан руханий митечилик кылган
күчтөргө кассандро-эмбриондордун кылдай кереги жок.
Кассандро- эмбриондор булар үчүн жолто, каргаша,
сектанттык эмес, жалпы проблема. Андай күчтөр
Филофейди жана анын ачылышын бардык тилде алынын
students.com. kg 198жетишинче жамандашат. Ошондуктан мени таң калтыраар
эч нерсе жок бул жерде...
— Мен Сиздин бул оюңузга да кошулам, мистер Борк,
бул сүйлөшүү менин көзүмдү мурдагыдан да көбүрөөк
ачты. Кечирип коюңуз, бир мүнөткө. Мени код боюнча
телефонго шашылыш чакырып жатышат. Жок, жок, сиз
трубканы койбоңуз. Эмне экенин мен азыр билейин, анан
сөзүбүздү улантабыз. (Алло, алло. Кандай жаңылыктар?
Ошондойбу? Саат баскырдыкы! Жаман кабар экен. Бар.
Баары түшүнүктүү. Аракет кылабыз.) Мистер Борк,
кечирип коюңуз. Алынган маалыматка караганда, кырдаал
кыйындап баратат. Мен Сизден жергиликтүү полицияга
чалып, супермаркеттен сиздин үйдү карай
демонстранттардын чоң тобу жөнөгөнүн эскертип айтып
коюуңузду суранар элем. Сиздин терезеңиздин түбүнө
туруп алышып нааразылык билдиришери, кыйкырып-
өкүрүшөрү, — бул турган иш.
—Жарайт, Энтони, мен азыр полицияга чалам. Аялым
бая эле айткан, мен өзүм эмнегедир камырабай койдум.
Бизге таң эртең эле ар кандай баракчаларды дубалга
чаптап салышкан. Жесси азыр өзү барып полицияга чалат.
—Ооба, мистер Борк, сактыктын чарасын көрүп коюу
ашыктык кылбайт. Анын үстүнө мага азыр эле
кабарлашты. Сиздин макаланыз басылган «Трибюн»
окурмандарга ташталыптыр. Шашылыш чыгарылган саны.
— Ошондойбу?! — деп жиберди санаасы ордунда
болбой турган Роберт Борк. — Демек газетчилер убакытты
текке кетирген эмес экен.
— Өзүнөн өзү түшүнүктүү. Сиздей белгилүү
футурологдун ар бир сөзү азыр алтынга барабар. Албетте,
макаланын айланасында эми ар кандай талаш-тартыш
болот деңизчи! Бул камоодо калган сепилден биринчи
students.com. kg 199атылган замбиректин үнү. Бирок бул Ордокту көздөй
атылган жападан жалгыз дүрмөт дагы. Мен буга катуу
капа экенимди жашыра албайм. Сиздин позицияңызды
бөлүшкөн кишилер бар жана алар аз эмес деп ойлойм.
Кассандро- эмбриондордун феномени акылга зирек
интеллектуалдарды ойлондурбай коюшу мүмкүн эмес. Бул
биздин өзүбүздү өзүбүз түшүнүп-билүүбүздөгү бурулуш
учур эмеспи. Тарыхта качан мындай болду эле? Анан бул
кубулуштун маанисин түшүнгөндөрдүн баарынын
жазында бакта сайраган чымчыктай, чечекейи чеч болуп,
жарпы жазылышы керек эле. Бирок тилекке каршы,
интеллектуалдардын басымдуу көпчүлүгү шары катуу
агымга каршы барууга даабайт, мен муну бөркүмдөй эле
көрөм. Элитардык субъект дегениңиз ушул, сүрмөтопко
каршы — жок, барбайт, үнүн өйдө чыгарбайт, далдада
күтүп турат. Бул учурда Ордок колуна факел алып чуркап,
акыл-эс менен жан-дүйнөнүн өртүн, дүйнөлүк өртүн
жагып жүрөт, караламан калкты өзүнө тартып, көтөрүп
чыгууга үлгүрдү. Баары ураан чакырып, аракет кылууга,
сүрмөтопко барып кошулууга ашыгууда. Сойкулар
уюшкан түрдө митингге чыгып жатышса, башкалар
жөнүндө эмне айтмакпыз?!
— Энтони, кечирип кой, мен жашы улуу адам катары
сөзүңдү бузуп коеюн. Сен али өтө жашсың, жана сойкулар
жөнүндө айтканда сенин күлкүң келгенсип турат, мен аны
түшүнөм. Мага болсо бул өтө кайгылуу сезилет. Албетте,
бардык эле мезгилде алардын жүрүм-туруму кылган
иштерине жараша болуп келген, бирок мындайды,
сойкулар топ-тобу менен эл алдында нааразычылык
митингисине чыкканды, кечирип кой, мен эч качан уккан
эмесмин. Аларга мүнөздүү алардын кесиптик
кашкалыгына жана менменсинүүчүлүгүнө карабай, бечара
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

сойкулар ушул жерде да өздөрүнүн жашоо жагдайына көз
каранды экендиктерин сезишиптир. А чынында Кассандра
тамгасы — бул мына ошолорго окшогон генетиканын
чытырман токоюнда соолгон гүлдөргө боздоп ыйлоо
эмеспи.
—Аларды митингге саясий сутенерлор азгырып
чыгарды, башкаларды азгырып чыгарган да ошолор. Азыр
бөтөлкөдөн өзү чыгарган жинди, Ордок эми өзү башкара
албай калды деп ойлойм. Мисал келтирүү үчүн алыс
барып кереги жок. Мына, жолдо эмне болуп жатканын
көрүп турам. Бизди кууп өтүп жаткан машиналардын
көпчүлүгү дал ушу Сизге, Ньюбериге зуулдап
баратышканын сезип жатам. Анан машинадагылардын
дээрлик баары, мага окшоп, телефондон бир нерсе деп
кыйкырышууда. Ырай-бешенесинен жакшылыктын
жышааны билинбейт. Ар бир машинада эл толтура. Мага
айтышкандарына караганда, булар супермаркеттин
жанындагы машина токтотуучу жайга чогулушат экен.
— Ооба, Энтони, ал жер ушуга окшогон жыйындар
үчүн өтө ыңгайлуу.
— Ошол жер эле болсо эмне! Кечирип коюңуз, мени
дагы алаксытып жатышат. (Алло, угуп жатам, ооба,
Энтони Юнгер — менмин. Угуп жатам. Түшүнүктүү.
Ооба, ооба, айт, угуп жатам. Ошондой болот деп ойлогом.
Жарайт. Мага дайыма билдирип тур. Түшүндүм. О кей!)
Мистер Борк, азыр эле мага кабарлашты — Нью-Йорктун
көчөлөрүндө жык-жыйма демонстранттар. Бөтөнчө
ООНдун имаратынын алдында эл көп жыйылыптыр.
Полиция араң туруштук берүүдө. Демонстранттар
Филофейди космостон алып түшүүнү талап кылып
жатышат. Бул эми эл аралык акция. Мүнөздүү жагы,
алдында акыркы күндөрү Кассандра тамгасы менен
students.com. kg 201белгиленген кош бойлуу аялдар келатышат. Алар
чекелерин боешуп: «Карагыла, бизге Кассандра тамгасы
басылган. Бизди сактап калгыла!» деген плакат көтөрүп
алышыптыр. Анан көптөгөн эркектер жана аялдар,
тилектештигин билдиришип, чекелерине кайчы белги
коюп алышып, кошо келатышат. Кырдаал мына ушундай.
—Ооба, Энтони, калп айткан менен болобу, иш
кыйын.
— Жолукканда сүйлөшөбүз. Жакында келип калабыз.
Эн башкысы, мистер Борк, аппаратураны орнотуп,
Филофей менен байланыш түзүү, андан кийиикисин чогуу
ойлонуштурабыз.
—Күтөм, Энтони. Үйдүн жанынан кандайдыр бир
үндөр угула баштады. Жесси гаражды жапканы кетти.
Терезеден көрүп турам. Кимдир бирөөлөр бассейнге таш
ыргытып, хулигандык кылып жатышат. Полиция азыр
келип калууга тийиш. Күтүп жатам. Баса, Энтони, кечирип
кой, Филофей менен байланышты жөндөөгө канча убакыт
кетет?
—Балдар айтып жатышат, бир саатка чамалуу, мүмкүн
бир аз узагыраак. Иш көргөзөт. Ошондо Сиз, мындайча
айтканда, Филофей менен көзмө көз сүйлөшөсүз. Мага
кабарлашты, ал факс боюнча сиздин макалаңыздын
текстин алыптыр. Стратегия жана тактика, пресс-
конференцияны кантип өткөрүү жөнүндө сүйлөшүп алуу
керек. Келгенде дагы суйлөшөбүз да. Бир аздан кийин
барабыз, күтүңүз!
Көчөдө ызы-чуу күч алды. Машинадан чыккандардын
жана супермаркеттен бери жөө келаткандардын да
шашылганы терезеден көрүнүп турду. Чогулгандар
короонун сыртындагы бактардын түбүндө бир нерсе
жөнүндө кызуу сүйлөшүшүп, боек менен чампаланган
students.com. kg 202плакаттарды жана чакырыктарды эми көрүнөө кармап
турушту. Баарынын темасы бир, ачыктан-ачык коркутуп-
үркүтүү: «Борк, — сага сооп жок!», «Жалган илимди
жайылткан желмогузду жаткан жеринде жайлайбыз! »,
«Профессордун чекесине Кассандра тамгасын басуу
керек! », «Адам укугун тебелеген, өзү тебелендиде калат!»,
«Биз илимдин террористине чыдоого милдеттүү эмеспиз!
», «Борк — шайтандын шапалагы! », «Филофей менен
Боркту — бир түркүккө таңабыз!» жана башка, жана
башкалар. ..
Санаасы бир ордунда эмес Борк ойлоно берди — булар
кимдер, бул кишилер? Эмне үчүн, эмне себептен булар
бул жерге жапа тырмак кирип келишти? Мурда
билишпесе, көрүшпөсө, бири биринин бул дүйнөдө бар-
жок экенинен кабарлары болбосо. Эми минтип мезгил-
сааты келип, жолугуп олтурушат. Эми алар кандайдыр бир
окуя болушун күтүшүп, көчөдө уу-дуу — каралар, актар,
эркектер жана аялдар, жаштар жана карылар, биринде үн
жаңырткыч, биринде фото жана киноаппаратура бар,
көпчүлүгү радиотелефондуу, алар кимдир бирөөлөр менен
кызуу сүйлөшүүдө. Бул күчтөр Борк мурда живописттик
полотнолордо, театрлардын сценаларында жана
киносюжеттерде чагылдырылганын көрүп. тарыхый
изилдөөлөрдөн, теориялык макалалардан окуп жүргөн,
анын авторлору караламан топту сүрөттөп жазып, анын
жүрүм-турумунун болжоп болгустугунун себеби эмнеде
экендигин түшүнүүгө аракеттенген баягы күчтөр дал
ушулар экенине ишенүү ушунча таң калыштуу, ойго
келгис нерсе эле.
Эми мына, баягы караламан топ деп аталган немелер
бул жерде турушат. Алар тегерете курчаган тосмого
кыналышып, кадала карап турушат, терезеден өңдөрү
students.com. kg 203көрүнөт. Булардын каалаганы кайсы, көксөгөнү эмине?
Эмне болушун күтүп турушат? Алардын колдору көзгө
көрүнбөй факел — Варфоломей түнүнүн эстафетасын —
жагууда, алардын буттары Рим козголоңдорунун канга
боелгон таштарына урунууда, төбөлөрүндө — уусун
төгүүгө аракеттенген быкпырдай кайнаган жапайы
аарылардын үнү ызылдайт. Бул алардын күнөөсүбү, же
баштарына түшкөн кара кырсыкпы, же кандайдыр бир
зулум күч аларды жазалоо үчүн бул жерге айдап келдиби?
Эмне кылуу керек, кечээ жакында эле өлчөөсү өзү менен
кеткен фюрерды көргөндө кубангандыктарын жана
берилгендиктерин билдирип, аянттарда жүз миңдеген
алкымдан чыккан үн менен жер-сууну бузуп айкырышкан,
анын колу шилтенери менен батышка да, чыгышка да,
түндүккө да, түштүккө да тизеден кан кечип агыткан иттей
жулунгандарга эмне айтмакчысың; кечээ жакында эле
ыштанына сийип жибергиче жакшы көргөн кишисин
көзүнүн кыйыгы менен болсо да бир карап алуу жана ошол
замат аны менен кошо тиги дүйнөгө аттана берүү үчүн
айтылгандардын жана дарга асылгандардын
континентинин үстүнөн кара куюн болуп учуп кетүү үчүн
Сталиндин табыты алдында бири бирин тебелеп
өлтүргөндөргө эмне айтмакчысың; кечээ эле түнкү
Тегеранды түп көтөрө дүрбөтүп, жер-сууну бузган
кыйкырык- чуу менен таш бараңга калып өлүүдөн качкан
ирандын шахиншахы учуп чыгып бараткан авиалайнерди
аз жерден шассисинен кармап кала жаздагандарга эмне
айтмакчысың? Акылынан адашкан караламан сүрмөтоп
учуу талаасында дагы далайга чуркады, асманда улам
бийиктеп бараткан самолеттун оттору өчүп-жанып
баратты, адамдардын алы жетпеген жылдыздар асманда
жымыңдап турушту, өктөсү ичинде калган тигилер күйүп-
students.com. kg 204бышып, жер тепкилеп, алиги самолетту тезинен кайра
кондуруп берүүнү Алладан жалынып суранып турушту...
Эми ошол сүрмөтоп бул жерде, анын үйүнүн алдында,
жаңы айкашууну күтүп турат...
Ал терезеден карап турду, жанында Жесси. Алардын
сүйлөшүүсү эмнегедир абасыз мейкиндикте калкып
жүргөндөй сезилди:
—Ии десең, Роберт, булардын чындап эле түрү жаман.
— Мындан жаман болушу мүмкүн эмес.
— Эмне кылышыбыз керек?
— Менин оюмча, алардын алдына чыгышым керек,
баруу керек.
— Бул эмне дегенин, Роберт?! Сенин акылың
ордундабы?
— Ордунда эле турат. Мени алар жашынып жатат деп
түшүнүшпөсүн. Козголоң генетикалык деградацияны
токтото албасын, тескерисинче, зордук кайра кыямат-
кайымдын болушун тездетээрин түшүнүшсүн деп жатам.
Кассандра тамгасы — бул бизге ташталган тагдырдын
кара ташы экендигин айткым келет аларга. Кассандро-
эмбриондор билдирген ар бир белги биздин баарыбызга
тиешелүү. Эгер биз ушуну түшүнсөк, анда айла табылат,
үмүт болот. Алдыда эмне бар экенин көрүү үчүн артка
кылчаюу керек.
— Калети жок, бирок элден мурда ойлончу, Роберт,
сен муну кимге айтып түшүндүргөн жатасың. Бул
университеттеги лекция эмес да, Сени ким угат? Булар
сени угалы деп келишкен жок бул жерге!
— Менин башка аргам жок.
— Ал эмне дегениң? Сен өзүң айтпадын беле. Азыр
Энтони космос менен байланыш түзөт, сен Филофей
менен көрүшөсүң, анан экөөң баарын сүйлөшөсүңөр,
students.com. kg 205кечинде болсо Филофей экөөңөр пресс-конференция
өткөрөсүңөр да, проблема тууралуу өз көз карашыңарды
ортого саласыңар. Анан кишилер акыры силердин аларга
жамандык каалабагандыгыңарды түшүнүшөр деп ойлойм.
— Сенин айтканынды угуп жатканда сеники туура
сезилет мага, Жесси, бирок сени угуп жаткан учурда гана.
Анткени тигил тургандар пресс-конференцияны
күтүшпөйт. Булар бугун дароо чыгаруулары керек,
булардын колдору кычышып араң турушат. Өзүң карачы,
көрдүңбү, биринин артынан бири агылып келүүдө, эл
канчалык көбөйгөн сайын, ошончолук булардын каны
кызый берет. Али кеч боло электе чыгып, алар менен ачык
сүйлөшүшүм керек.
— Чочуп турам, Роберт. Тобокелге салбасаңчы.
— Тобокелге салбаганы кандай? Мен аларга
Филофейдин ачылышы жөнүндөгү оюмду айтам.
— Сен аны макалаңда айтпадыңбы.
— Ал аз. Же таптакыр жокко эсе. Тигил кишилер
макала окушпайт.
— Роберт, карасаң, жасап жаткандарын, — сенин
портретиңди өрттөп жатышат!
— Менин портретимди? Мен эмне, саясий лидер
белем?
—Кара! Сенин фотографияңдын чоңойтулган
көчүрмөсү экен.
— Эмне демекчимин. Кагазды өрттөп жатышканы
өкүнүчтүү.
— Полиция дегени кайда?
— Полициянын бул жерде эмне тиешеси бар? Полиция
келген. Тигине, кире бериште үчөө турбайбы. Сен
байкаган жоксуңбу аларды?
— Болгону үчөөбү? Анда эмне үчүн унчугушпайт?
students.com. kg 206— Алар эмне кылышмак эле? Кимдир бирөө дагы
бирөөнүн портретин өрттөгөндү жакшы көрөт тура.
Болгону ушул,
— Мындайды телевизордон нечен ирет көргөн элем.
Эми минтип өзүн көрүп жатам. Кайдагы бир
Индиядагыдай. Тим эле өзүндөй, Энтони келсе экен тез
эле! Алар эмне үчүн эмгиче жок, ыя?
— Билбейм. Бул мезгилде тыгын болот. Өзүң билесиң
да.
Экөө тунжурап калышты. Туруп турууну да,
олтурууну да, сүйлөөнү да, сүйлөбөөнү да каалашпады.
Аңгыча сүрмөтоп дуулдап, козголо түштү да, команда
берилгенсип: «Борк жазалансын! Борк жазалансын! » деп
бир кишидей кыйкырып киришти.
Жаалданган кыйкырык күч алды. Чыдоо кыйын боло
баштады. Сүрмөтоп Роберт Борктун чыгып келишин талап
кылды. Кайдан экени белгисиз чекелери боелгон аялдар
пайда болду. Алар «Трибюндун» жаңы номерин
булгалашып, кыйкырып киришти: «Борк шүмшүк!
Борктун чекесине Кассандранын тамгасын басуу керек!
Кассандранын тамгасы үчүн аны жанчуу керек! Борк —
шүмшүк! « Башка топ: «Ордоктуку — ак сөз! Ордоктуку
— ак сөз!» деп бакырды.
Кырдаал кыйындады, сүрмөтоп делөөрүп алды.
Полицейскийлер тартипке чакырышканы менен эч жардам
бере алышпады. Алардын бирөө топтун арасынан зорго
суурулуп чыкты да, машинадан кайдадыр телефон чала
баштады, жардам сурады көрүнөт.
Сүрмөтоп селдей каптап, үйдү көздөй жөнөдү.
Көпчүлүктүн кысымынан олтургучтар талкаланып,
аллеядагы фонарлар жерге кулап түштү. Алкымдары
айрылганча кыйкырышып, адам чыдагыс ызы-чуу
students.com. kg 207көтөрүлдү. Эринин пиджак кийип жатканын көрө калып,
Жесси чочуп кетти:
— Кайда барасың? Тышка чыкпа!
Борк Жессини ары түрттү. Ушул секундадан баштап
анын дароо караңгылай түшкөн каректеринде дүйнө анын
мурдагы кабылдоосунун чегинен кайдадыр башка жакка
жылышып кетти. Экөөнүн көздөрү бири бирине урунду:
жандары кейип турду. Бирок кайдагы бир алыс жакта
жүргөн сыяктанып:
— Мени кармаба. Мен тагдырыма жазылганды
көрүшүм керек, — деди. Жессинин аргасы түгөнүп, өңү
бузула түштү:
— Сен өлүмгө баратасың!
—Арга канча, — Борк күңк этти, — баары бир
барышым керек.
Ал эмнегедир кийим илгичтен калпагын алды да,
сыртка чечкиндүү кадам шилтеди. Сыртка чыкты, ошол
замат аны ысык илеп, аны чыдамсыздана күтүп, тирүүлөй
жалындап турган топтун толкуну урду. Ал көрүнөөрү
менен дуу жарылган кыйкырыктан аба термелди.
Транспаранттар менен плакаттар дароо сорок-сорок
кыймылга келди, ар бири өз плакатын Борктун көзүнө
сайып көрсөтүүгө беленденди. Ал алдында тургандардын
баарын кыдырата карап жана бирөөнүн да өңүн айрып
көрө албай, тээ өзүнүн чабытынан дендароо жылмайып,
эшиктин алдында турду. Анан калпагын шап кие салды да,
көз ирмем ичинде демейдеги калыбына келди — жазы
маңдай, жарык жүз, саал жүлжүйүнкү келген чүңүрөкөй
кой көздөрү, ээги жана мойну али бекем, ак чач, москоол
чал болду да калды. Ал азыр, бир жолу франкфурттук
журналисттер айткандай, Абалкы асканын өзү болчу.
Тыным боло калганда өрөпкүгөндүктөн каргылданган
students.com. kg 208үн менен Борк бир нече сөз айтууга үлгүрдү:
—Кассандро- эмбриондор — ал биздин шорубуз да,
биздин күнөөбүз да. Биз анын алдында жооп беришибиз
керек!
Бир аял ага мышыктай атырылды.
— А сен мына муну көрдүңбү? — деп ал так түшкөн
чекесин сайды.
— Бул тамганы мага тигил космостогу азезил басып
олтурат! Мына оку! Азезилдин ырын азезил коштойт! —
деди да, аял футурологду анын макаласы басылган газета
менен бетке шакылдатып чаба баштады. Газета тытылып
кетти, калпак баштан ыргыды жана дароо тебелендиде
калды. Аял болсо албууттанып кыйкыра берди, сыягы
үйүндө ушунтип кыйкырып көнгөн неме болсо керек. —
Мунун жазмакерлигин кара, мен сени жаздырам! Мен
тигил космоско чейин жетем! Мен жанагы Филофей деген
азезилди муунтуп өлтүрөм!
—Ур аны! Ур! — деп кыйкырышты аялдын
албууттанганына кандары кызыган тегеректегилер. —
Бери сүйрө аны! Бери сүйрө! — деп бакырышты артта
тургандар, анан Боркту көздөй муштумдарын түйгөн
бойдон жөнөштү. Ага ондогон кол жармашты, анан баары
аралашып кетти. Жесси түртүндүдө калды, анын
жалбарганына да, көз жашына да эч ким көңүл бурбады.
Мына ушул жапайы сценаны тартып алууга
аракеттенген телевизионщиктердин тобу да будаланды,
аппаратура тебелендиде калды. Кандайдыр бир чара
көрүүгө далалаттанган бир нече полицейскийдин өздөрү
да айланпадагы чамындыдан жаман болду. Роберт Боркту
болсо бир жакка, кайда экени белгисиз, бирок бир жакка
сүйрөп баратышты. Аны алкымдан, чачтан алышып,
жамажайын айра тартып, бетин таанылгыс кылып канга
students.com. kg 209боеп, ар кимиси өз тарабына сүйрөп жатты. Сүрмөтоп
жада калса өзүн өзү жаалдана тебеледи. Ана ушунун өзү
каарды жана жек керүүчүлүктү ого бетер күчөттү. Мына
ушул чакчалекей чаң будуңда адисинен ашкан бир топ
киши футурологдун ээн багына, бассейндин жанына туш
болушту, ал дал ушул жерде, Дүйнөлүк рухтун купуя
сырларын ачмакчы болуп, кумга кандайдыр бир
табышмактуу чийимдерин чийиүүчү эмес беле, анан дал
ушул жерде болбой койбос нерсе болду. Кимдир бирөө
кайдан- жайдан таап алган темир таяк менен Боркту
тиштенип туруп баштан ары уруп калды. Борк катуу
бакырып алды да, эки колу менен башын басып,
чалкасынан кетти, ал канга боелуп, чабалактап жатканына
карабай, тепкилей беришти.
Аңгыча сүрмөтопто кандайдыр бир жаңы кыймыл
пайда болду, кандайдыр бир күчтүү адамдар Боркту
беттей умтулушуп, жолундагылардын баарын туш тушка
ыргыта түртүп келатышты. Бул космос менен байланыш
түзмөкчү болушкан Этнони Юнгер жана анын
жолдоштору эле. Алардын байланышынын эми бул жерде
тыйындай кереги жок болчу. Алар өлөрчө тепки жеп
жаткан Боркко тез эле жетип келшпти.
— Бул эмне кылганыңар? Бул кимдин колунан келген
иш? — Энтони Юнгер колуна тийгендердин баарын
туштушка ыргыта берди. — Кылмышкерлер, баарыңар
кылмышкерсиңер! Киши өлтүргүчсүңөр — канкорсуңар!
Төбөдө полицейскийдин вертолету төмөндөп келатты.
Анын барасынын кулак тундурган ышкырыгы жердеги
кыйкырыкты угузбай салды, катуу шамал көтөрүлдү. Бул
үнсүз фильмдеги сценаны элестетти — унчукпаган
жаалданган топ. Вертолет конду, андан дубинкаларын
кармап, полицейскийлер секирип түшө баштады.
students.com. kg 210Сүрмотоп ошондо гана эсине келип, туштушка чачырап
кача берди. Көпчүлүгү супермаркет тарапка,
машиналарына дыр коюшту. Бир кыйласы шашып-бушуп
машиналарын бурушуп, бир заматта көздөн кайым
болушту. Бир нече минуттан кийин жан адам калган жок.
Энтони Юнгер эки жардамчысы менен Роберт Борктун
чолосуз жанчылган денесин көтөрүп, дагы бирөө акыл-
эсинен ажырыган, мүдүрүлүп-чалынган Жессини
колтуктап келатты.
Алар баары полицейскийлер менен кошо вертолетко
чыгышты, андан кийин Юнгердин жардамчылары кайра
жерге түшүшүп, космос менен байланыштыруучу
аппаратура жүктөлгөн өздөрүнүн машиналарына
олтурушту, вертолет асманга көтөрүлө баштады. Ал үйдөн
жогору типтик учуп чыкты. Теребел жымжырт боло
түштү.
Айланада эч бир жан калган жок, эшик, каалгалары
талкаланган, отургачтары туш-тушка ыргытылган,
фонарлары омкорулуп ташталган жана апенди чалыш
футурологдун ээн багы тебеленип-тепселенип, үйдүн
айланасында кыбыр эткен жан жок болучу. Бул таш-
талканы чыгарылган, жылас болгон ээн талаа эле.
Бир минутадан кийин вертолет гольф-талаалардын
үстүнөн учуп баратты. Роберт Борк качандыр бир кезде
ушул жерге келгенди жакшы көрчү. Кечээ жакында эле
ушул күнөс, мелтиреген жашыл шалбаа түшүнө кирип,
маркум досу Макс Фрайд аны Айдын гольф-талааларына
чакырган эле.
Вертолет шаардын ооруканасына багыт алды...
Энтони Роберт Борктун үстүнө эңкейди. Өзүнүн
үстүндөгү көйнөгүн чечип салып, башын таңды, бул кан
токтотуунун аракети эле. Ал Роберт Борктун көйнөк
students.com. kg 211менен оролгон башын тизесине коюп, тирүүлүктүн
жышааны барбы-жокпу — байкоого аракеттенди, керемет
болуп кетерине үмүттөндү. Кайсы бир көз ирмемде
футурологдун өңүнө жан киргенсип, көзүнүн жапкактары
билинер- билинбес кыймылга келди, Юнгер аны байкай
койду. Экөөнүн көздөрү урунуша калды. Борк Юнгерди
балким тааныды. Алар өмүрүндө биринчи ирет жүз
көрүштү жана ошол замат кош айтышты. Биротоло,
түбөлүккө. Роберт Борктун башы шылк дей түштү...
Юнгер боздоп ыйлап жиберди, Жесси жансыз жаткан
эрин түшүнбөй нес-мас карады. Полицейскийлер
баштарын үнсүз чайкашып, кайгы бөлүшкөндүктөрүн
билдиргенсишти.
Вертолет оорукана борборунун үстүнөн төмөндөй
баштады, бирок кеч болуп калган эле...
* * *
Ошол замат океанда катуу толкун башталды.
Метеокызмат компьютердик каналдар боюнча
Атлантиканын жээгиндеги катуу толкун жөнүндөгү
кабарды шашылыш таратты. Атлантика мейкиндиги
үстүнөн учуп бараткан самолеттор катуу калдактады,
кораблдин командирлери жүргүнчүлөрдөн курларын
курчанууну, орундарынан турбоону суранышып, учуунун
татаалдыгы жөнүндө жердеги кызматтарга радар менен
кабарлап жатышты. Стюардессалар жылмаюуга
аракеттенишкени менен пайдасы болбоду —
Атлантиканын жаалы чындап катуу болчу...
Киттер гана—ааламдын радарлары —
демейдегисиндей, өздөрү сезгендердин баарын, кабыл
алгандардын баарын, Аалам жаңырыгын өздөрүндө
камтып баратышты. Ошентип киттер турна мисал сап
students.com. kg 212тартып, океанды шынаадай жиреп сүзүп баратышты.
Океан алардын бул тартибин бузууга, кайра артка бурууга
аракеттенди. Бирок алар, тоодой толкунга бирде көмүлө
калышып, бирде кайра калкып чыгып, анан кайра
көмүлүп, алдас ура кармашып, сүзүп кете беришти...
Аларга мынча дем берип, минтип кубалап бараткан
күч кайсы, алар эмнеге жана кайда сүзүп баратышат?
Москвада Кызыл аянтта түндун бир оокуму. Үкү учуп
чыкчу маал чукулдап келатат. Ал азыр Спасский
мунарасындагы сааттын алдында үргүлөп олтурат. Төмөн
учуп түшүүчү учурду күтүүдө. Ал бүгүн бөтөнчө
кооптуу. .. Дүйнөдө бир жоболоң бар. Үкү аны сезүүдө...
Бир жоболоң бар...
- 10-
Шашылыш жарыяланган «Космос — Жер» деген
пресс-конференция ошол күнү белгиленген саатта болду
жана бардык негизги каналдардан берилди.
Бирок ага чейин телекомпаниялар «эфир алдындагы
бороон- чапкынга» кабылышты. Футуролог Роберт
Борктун өлүмү жөнүндө кабар угулар замат, дүйнөнүн
туш тарабынан телефондор тынымсыз чалынып,
сурамжылоо күчөдү, айрыкча эзели болуп көрбөгөндөй
мындай пресс-конференцияны ретрансляциялоону
пландаштырып коюшкан улуттук телекомпаниялардан көп
чалышты. Бул трагедиянын акыры эмне болот, Филофей
менен телебайланыш түзүүгө мүмкүндүк болобу, аны
менен маекти ким жүргүзөт, анан дегеле эми пресс-
конференция болорун күтүү керекпи, же жокпу дешип,
students.com. kg 213баары тезинен билгилери келди.
Жер болсо демейки калыбынан жазбай, өз огунда
айлана берди, болжогон саат жакындап келатты. Баары
чыдамсыздана күтүп турушту...
Бир маалда телевизордун экрандарынан көпкө
күттүргөн жазуулар көрүндү. Артынан диктор аял чыгып,
Роберт Борктун өлүмүнө дүйнөдө болуп жаткан реакция
жөнүндө жана ушуга байланыштуу массалык маалымат
каражаттарынын түшүндүрүүлөрү жөнүндө билдирип
коюуну телеберүү милдети деп эсептээрин жарыялады.
Түшүндүрүүлөр өтө бир жактуу болгондугун айтпай
кетүүгө болбойт. Алар баягы айтыла жүргөн кайгы
бөлүшүү, көңүл айтуу сыяктуу жалпы сөздөрдөн
башталды, андан соң диктор аял көз карашынан байкалып
өткөн табалуу жылмаюусун араң жашырып, диаграмманы
— Филофей кассандро-эмбриондор жөнүндөгү апологети,
диктор аялдын айтуусунда, Роберт Борктун «Линч сотуна»
дуушар болгондугуна байланыштуу шашылып сурап-
аныктоонун натыйжасын көрсөттү: «Натыйжасы начар
жана ошол эле учурда таң каларлык. Өзүңүздөр
көрүңүздөрчү, урматтуу телекөрүүчүлөр! » Бири-биринен
даана айырмаланып турсун үчүн түрлүү түскө боелгон
мамычалар түрүндөгү диаграммадан көрүнүп турду:
суроого жооп бергендердин 83,7 проценти толугу менен
футурологдун тепкиленип өлтүрүлгөндүгүн туура дешкен,
ал турмак ошол топтогу респонденттердин 76 проценти,
эгер алар ошол жерде, Ньюбериде, болушса, ал
космостогу азезилдин таламдашын өлтүрүүгө сөзсүз өзүм
катышмакмын деп чыгышкан; суроого жооп бергендердин
11 проценти жапайы топтун кылмыштуу ишин
айыпташып, ал окуядан коомдун нравалык жактан
бузулуп баратканын көрүшкөн, ал эми респонденттердин
students.com. kg 214калган, азыраак бөлүгү окуяга таптакыр кайдыгер
экендиктерин билдиришиптир.
Андан соң телекөрүүчүлөргө ошол күнкү массанын
көчөгө чыгууларынын социологиялык анализинин
жыйынтыгын көрсөтүштү. Ал өлкөлөрдүн, шаарлардын,
региондордун жана демографиялык, социалдык жана
башка топтордун ушул окуяга катышкандардын узун
тизмеси эле. Мындан дале болсо бүткүл дүйнө дээрлик,
калктын бардык катмарлары тигил же бул формада космос
монахы Кассандра тагын табуу үчүн жерге тапкыч-
нурларды жиберишине каршы нааразычылык
туудургандыгы айкын болуп турду. Мында деле
кишилердин ой чабытында, жүрүм-турумунда улутчулдук
фактор көп таасир эткени көзгө урунат.
Бирок баарынан жаманы түрмөлөрдө болуптур.
Балким бул качандыр бир кездеги кассандро-эмбрион,
бирок туулууга мажбур болгон, эми минтип жарык
дүйнөнү жаман көргөндүктөрүнүн жашырын сырын
капысынан Филофей жарыя кылып салган адамдардын тээ
жүрөгүнүн тереңинде зилдеп жүргөн, анан минтип
козголоң менен бүткөн аңдап-сезбеген жообудур. Антпесе
бул үрөй учурган иштерди, бул күзөтчүлөр жана кошумча
жардамга келишкен полицейскийлер менен болгон
салгылашууну эмне деп түшүндүрүүгө болот; эки тарап
бири-бирине бетме-бет чыгышпадыбы — бир тарабынын
баштарында туулга, колдорунда таяк жана калкан, экинчи
тараптын колунда эч нерсе жок, бирок көкүрөктөрүндө
кетпес кек, ыза, жан кечтиликтин жаалы. Ар кайсы
өлкөлөрдөгү жана ар кайсы шаарлардагы абакчылардын
козголоңунун кандай гана тышкы себеби болбосун,
балаанын баары кылган кылмыштары үчүн жаза мөөнөтүн
өтөп жаткандар тарабынан өтө жаман кабыл алынган
students.com. kg 215каргашалуу Кассандранын белгисинде эле.
Ошол күндүн дагы кыйла жаңжалдарын журналисттер
кабарлашты. Мисалы, моряктар нааразылык билдиришип,
деңизге чыгуудан баш тартышкан кайсы бир порттон
алынган репортаж. Ээлери таштап кеткен ээн үйлөргө
окшоп, кемелер жээкте турушат.
Анан баарынын талабы — космостук чагымчы
Филофейди ракета менен атып түшүрүү! Орбиталык
станцияны — тапкыч-нурлардын булагын — жок кылуу.
Планетанын туш тарабынан алынган ушуга окшогон
окуяларга оперативдүү обзор жасагандан кийин гана
акыры экрандан пресс-конференция баштала турган зал
көрүндү. Залда эл жык-жыйма экени дароо көзгө урунду.
Кишилер дубалга жөлөнүп турушту, баскылыктарда жерде
олтурушту. Олтургандардын көзү сценада — орбитадан
Филофей көрүнө турган эбегейсиз ылайыкташтырылып
жасалгаланган чоң экранда болду, ал залга кыйгачынан
келтирилип, сценанын капталына коюлган эле. Сценадагы
столдун жанында экөө: Энтони Юнгер менен телеберүүнү
алып баруучу кеңири белгилүү Уолтер Шермет
олтурушту. Ар биринин алдында — микрофондордун
түйүмү. Залдагылардын баары катуу толкунданып
алышкан, ал олтургандардын мисирейген жүздөрүнөн,
кооптоно жылтылдаган көздөрүнөн, созулган
моюндарынан байкалат. Жаналгычтын өзүн да жалтанбай
тартып алууга үлгүрүшкөн дасыккан фоторепортерлордун
аппаратураларын кармаган колдору билинер-билинбес
калтырап, алдыда шар аккан суудан кечүүдөн коркуп,
жээкте чокмороктошкон эчкилердей болуп турушат.
Демейде сөзмөр, кашка баш, сылаңкороз Уолтер
Шерметтин кесиптик көнүмүшүнө салып, жылмаңдаганы
анча жараша бербеди. Анын кынтыксыз жасанганы,
students.com. kg 216актердук калбааттыгы бул жолу комсоо көрундү,
кырдаалга ылайык келбеди. Энтони Юнгер, тескерисинче,
өтө эле ойлуу олтурду. Анын кайгыдан кабыргасы
кайышып олтурганы менен эч кимдин иши жок болчу
жана ал аябай чымыркануу менен гана бүт эркин жумшан
чыдап олтурду, анткени миллиондогон телекөрүүчүлөр
алдында космос монахы Филофей менен маек курууга
катышып, анда ал Роберт Боркту алмаштырышы тийиш
эле. Анын үстүнө ошол күнү кечинде Дублинден
колуктусу Кэтти энеси экөө учуп келишмек, пресс-
конференциянын айынан аларды аэропорттон тосуп
алууга үлгүрө албай, ого бетер көңүлү чөгүңкү, жаак
эттери түйүлүп, тиштенип олтурду. Анын көз алдында
өлгөн Роберт Борктун тандап алган жолу туура экендигине
ишенген ал же туруштук берсин, же көчөнүн ышкырыгы
жана таш бараны алдында өздөрү көкүтүп койгон,
жинденген сүрмөтопко сырттан көз салып, Юнгер да Борк
көргөндү көрүп калышы ажеп эместиги жөнүндө
сүйлөшүп турушкан Ордоктун командасындагы кечээги
жолдошторунун шылдыңдуу жылмаюулары жана таң
калгандай ийиндерин куушуруулары алдында өлсун
дегендей, тагдыр аны окуялардын авансценасына чыгарып
таштаганын Энтони түшүнүп турду.
Аңгыча дүүлүккөн көпчүлүктүн чыдамы жетер чегине
жетти. Баары чечүүчү учурду — Филофейдин телеэфирге
чыгышын — күтүп калышты. Ошондо,
комментаторлордон кимдир бирөө айткандай, аны камоого
алып, жек көрүүчүлүктүн дүйнөлүк өртүнө түртүп
киргизишмекчи. Баары ошондой болчудай көрүнуп калды,
жардырууну жакындатарда секунданы тетирисинен
санагандагыдай, ал учур жакындап келатты.
Күндүз, ооруканада Роберт Борктун киши колдуу
students.com. kg 217болуп өлгөндүгү жөнүндө тыянак чыгарылганда, жашын
араң токтотуп, Жесси айткан эле:
—Энтони, эгер сени Роберт Борктун тагдыры күтүп
жатса, анда менин айтар сөзүм жок. Ал үчүн чындык
баарынан жогору эле, ал ошонун кунуна кетти. Бирок өзүң
жөнүндө ойлон. Сен жашсын. Көрөр күнүң алдыда.
Роберттин артынан өмүрүңдү тобокелге салуунун кажети
барбы?
Сөздү узартып сүйлөө ошол учурда оор эле, Энтони
кыска гана жооп катты:
—Мен айтканыңызды түшүндүм, Жесси. Бирок мен
Роберт Борк тайсалдабаган нерседен тайсалдабас элем.
Алар оорукананын холлунда чоң терезенин жанында
сыркоолор менен дарылоочулардан оолак турушту.
Күндүн нуру айнектен өтүп, холлго төгүлөт, асман да
айнектен караганда көгүш тартып, мемирейт, ары жакта
клендун бариктери сабагында дилдедей саргаят...
Футурологдун жесири күйүттөн мөгдөп, дүйнө көзүнө
көрүнбөй турду. Ал ушул учурда эмнегедир жар башында
улуган ээсиз жолбун итти эске салды. Жесси эмне кылар
аргасын билбеди. Жашы токтобой ага берди. Анан, балким
өзүн эптеп алаксытуу үчүн, оюндагыларды үн чыгарып
күбүрөй берди.
— Роберт дайыма сүйүү — бул эки дарыянын кошулуп
агышы, — дээр эле. Мен күлөр элем: кооз сүйлөгөндү өтө
жакшы көрөсүң да, Боб! Эми ишенип отурам, мына, эми
менин дарыям жок. Токтоду, соолду ал дарыя, мен болсо
жээкке серпилип кала бердим...
Анан ал дагы кызыктай, сырдуу сүйлөдү:
—О шордуу киттер, мен виолончелде ойноп жатканда
силерди эми ким эстейт...
Айтылган сөздөргө Энтони аябай таң калды, бул эмне
students.com. kg 218дегениңиз, деп ал турсун сурагысы да келди, бирок
даабады. Күйүттөн айтылып жатса керек деп ойлоду.
Анан кош айтышууга туура кели. Энтони
телебайланышка даярданышы керек эле. Убакыт өтө эле аз
калган. Жесси Чикагодон келчү кызы менен күйөө
баласын күтүп, ооруканада калды.
Ошону менен алар эртеңкиге чейин кош айтышты.
Энтонинин бир жерден жолу болду — ал ооруканадан
Дублинге телефон чалып, сапарга чыкканы жаткан Кэтти
менен сүйлөшүүгө үлгүрдү. Ал калдастай түштү, анткени
алар келери менен үйлөнүү жөнүндө кам көрүү керек эле.
Ошентип баары бир убакка тогошту да калды. Мындай
болорун ким болжоптур. Мезгил менен Мейкиндикти
тепчип өтүп, бири бирин утурлай учкан метеориттер гана
ушинтип кагылышы мүмкүн.
Кэтти менен сүйлөшүү да жеңил болгон жок. Кэтти
анын телефон чалышын күтүп жаткан, жана анын тунук
добушу көз ирмемге бакыттын өзүн Энтонинин эсине
кайра салды. Ага Кэттинин бар турпатынын баары —
кирпиктеринин ирмелгени да, дем алганы да, баскан-
турганы да — бакыт болчу, далилдөөнү да, ырастоону да
талап кылбаган бакыт болчу.
—Ой, Энтони, сенсиңби! — деп кубанып кетти Кэтти.
— Мен сени качан чалат деп аябай күтпөдүмбү. —
Трубкадан сезилген тааныш демден ал ысып чыкты. —
Энем экөөбүз жарым сааттан кийин жолго чыгабыз.
Кандайсың, Энтони? Күтүп жатасыңбы?
— Кечирип кой, Кэтти. Менин да аябай тынчым кетти,
чалганга үлгүрбөй каламбы деп корктум.
—Анын эч нерсеси жок, жакында көрүшөбүз. Жөн
гана сенин үнүңдү уккум келген.
—Ии дебейсиңби, бир зарыл иш чыгып калды. Азыр
students.com. kg 219түшүндүрүп олтурууга убакыт жок. Баарын кийин айтып
берем. Сен менин атымдан энеңден кечирим сурап кой.
Тилекке каршы, мен силерди аэропорттон тосуп ала албай
жатам. Таксиге олтургула да, анан...
—Эмне болду, Энтони? Ошончолук эле олуттуу бир
нерсе болдубу?
—Ооба, өтө олуттуу. Ал узак сөз. Кыскарта айтайын.
Бүгүн кечинде мен өлгөн Роберт Борктун ордуна пресс-
конференцияга катышышым керек.
—Кандайча? Аны жаалданган демонстранттар
өлтүрүп салышты деп радиодон беришпедиби. А сенин
бул жерде эмне тиешең бар?
—Түшүнсөң, мен ошол Филофей менен космостук
байланыштын уюштуруучусу болчумун.
—Филофей мененби? Жанагы Филофей мененби?
—Ооба. Аны менен Роберт Борк бирге чыгып
сүйлөмөк.
— Эч нерсе түшүнбөдүм, Энтони! Эч нерсе!
—Мен кийин айтып берем. Кырдаалга жараша
Филофей менен эми мен маектешишим керек; мен кийин
апам экөөңөргө түшүндүрүп берем, бирок башка арга
жок...
Кэтти үнүн басаңдата чыгарып калды, телефондун
трубкасын колу менен далдалап алганын Энтони түшүндү:
— Жарайт, Энтони. Кийин айтаарсың. Азырынча
апама эч нерсе айтпай эле коеюн. Космостон кайдагы бир
ажына бүт дүйнөгө бүлүк салды деп ал аябай тынчы кетип,
нааразы. Мен да кубанган жерим жок.
— Мен экөөңөрдү тен түшүнөм, — деди Энтони. —
Бирок суранарым, Кэтти, апаң куру бекер эле
тынчсызданбагандай болсун, айт. Кийин баарын шашпай
айтып берем. Мен сени күтөм, Кэтти. Мен сени сүйөм.
students.com. kg 220Аэропорттон таксиге олтургула да, тез келгиле. Пресс-
конференция бүтөрү менен телефон чалам, анан
жолугушабыз. Кармалбагыла, самолеттон кечигип
калбагыла. Көрүшкөнчө, өбөм...
—Көрүшкөнчө, Энтони. Көрүшкөнчө. .. Баары жакшы
болушун каалайм... Мен дайыма жаныңдамын.
—Мен дагы. Күтөм...
Кэтти энеси экөө Ирландиядан учуп чыккан самолет
Атлантиканын жээгине жакындап калган болуу керек деп
ойлоп койду Энтони Юнгер сценада олтуруп. Залда болсо
бул учурда космос байланышынын башталар маалына
саналуу гана секундалар калган эле. Ошондо бүткүл
адамзатты дүрбөткөн Филофей деген неме эл алдына
чыгат. Ошондо бардык күнөөсү үчүн жооп берет, бардык
күнөөсү үчүн жазасын алат,
Ошол күнү Энтони Юнгердин башына: «Мындай
кырсык кокустан биздин үй-бүлөнүн башына түшсө —
Кассандра тамгасы Кэттинин маңдайында пайда болсо —
кантебиз? Анда эмне кылмакчыбыз? Анткени ал эч кимди
ылгабайт, баарын камтыйт. Эч ким өзүнүн генотибинде
жашоого жүрөкзаадалык жашырынып жаткандыгынан
кутулуп кетем деп айта албайт»,—деген ой бир нече ирет
келди.
Зал космос менен байланышты чыдамсыздык менен
күтүп олтурганына карабай, сигнал угулуп, экран жарык
болгондо көпчүлүгү күтүүсүздүктөн селт эте түшүштү.
Зал тымтырс боло калды. Алып баруучу карбаластап элге
кайрылды:
—Эмесе, биз өзүн космос монахы Филофеймин деп
атаган орбиталык станциядагы илимпоз-биологдун пресс-
конференциясын трансляциялоону баштайбыз. Баарыңарга
белгилүү фактыны — Филофейдин Рим папасына
students.com. kg 221кайрылуусунун бөтөнчө мүнөздө экендигин жана андан
кийин болуп өткөн кайгылуу окуяларды — кайталап
олтурбайын. Азыр болсо көңүл буруп коюңуздар...
Экрандан бир нече ирет эфирдин өчүп-жанган
толкунунда буйдалган бүдөмүк бир нерсе карандады, анан
көрүнүш дааналанды да, экрандан баарына эбак маалым,
бирок телекөрүүчүлөрдүн алдына биринчи жолу көзмө-көз
чыгып жаткан адамдын жүзү көрүндү. Анан ошол замат,
али эч ким ооз ачып сөз айта электе, орундарынан жапырт
атып турушкан фоторепортерлор Филофейдин кебетесин
экрандан сүрөткө тартышып, ишке киришишти.
Уолтер Шермет жарк этмелерден көзүн, калкалап,
нааразылыгын билдирүүгө аргасыз болду,
—Биздин көздү уялтып, жаркылдатканыңарды
токтоткула. Биз ишти баштайбыз.
Жаркылдактар азая түшкөндө, Филофейдин жүзү
чоңойду, космостон жандуу өңү жакындап келди. Ал бир
адамды нес кылган учур эле. Ии, же улуу пайгамбар, же
улуу ажына, же бир ашынган азезил экени белгисиз неме
ушул турбайбы! Мына — тополоң менен кырсыктардын
күнөкөрү! Мына, тапкыч-нурлар менен космостон
аялдарды нурландырган неме! Мына, Кассандранын
белгиси жөнүндө каргашалуу илимдин автору!
Өңүнө караганда Филофейдин элүүдөн жаңы
ашкандай түрү бар. Чап жаак, ак саргыл чачы саал
бүкүрөйгөн далысына чейин жеткен, сакалын ак аралаган
киши экен. Ал экрандан залдагыларды колунда аса таягы
жана түйүнчөгү бар, азыр болсо жетчү жерине туура
баратабы — жокпу, ошону такташ үчүн токтой калган,
кокусунан жолдон жолуккан жолоочудай карады. Кеч да
кирип баратат, үлгүрөр бекемин? деген кыязда. Көз
карашында тынчсыздануу жана салабаттуулук бар.
students.com. kg 222Энтони Юнгер болжол менен аны ушундай элестеткен,
азыр ою дал келгенине ичинен ал турсун сүйүнүп олтурат.
Космостук монах өзүнүн чиркөөнүн эски сүрөттөрүнө
окшогон келбетине карабай, орбиталык станциянын
иитерьерине толук бап келип турду. Анын олтурушу
ишенимдүү жана иштиктүү болучу. Балким мындай
болушуна анын жерден эбегейсиз алыстыгы жана жападан
жалгыз калып, бүт каны-жанын жумшаган иши себеп
болгондур. Терең бырыштары, салыңкы кабагы, өткүр
көздөрү арбап алуучу жана кайгылуу бир нерсени
жашырып турду.
Трансляциянын баталышында Энтони Юнгер
Филофей англисче канчалык билет болду экен деп да
тынчсызданды, анткени адам көп учурда чет тилде
сабаттуу жазганы менен, ошончолук эркин, айрыкча элдин
алдында, сүйлөй албашы мүмкүн. Бирок Филофейдин
алгачкы сөзүнөн кийин эле Энтонинин санаасы тынчый
туштү — бир аз келегейлиги болбосо, теги орус космостук
монах англисче кадимкидей сүйлөйт экен.
Уолтер Шермет жасалма ачык-айрымдык менен, ал
турсун короздоно жылмаңдап:
— Саламатсызбы, Филофей бир боорум! Кечиресиз,
Сизге ушинтип кайрылсак туура болор бекен? — дегенден
баштап, сөз шыр кетти.
—Ооба, болот, — деди космос монахы. —
Каалагандын баарына мен бир боормун.
—Ал эми ага-ини болууну каалабагандар болсочу? —
деп чымчый сүйлөду Уолтер Шермет.
—Ал ар кимдин өз эрки. Капачылык жок. Бирок ошол
мени каалабагандар үчүн да мен көңүлүмдө бир боормун.
—Эмне үчүн аны ушунчалык ишенимдүү айтып
жатасыз? Ошону менен Сиз биздин опосуз дүйнөдөн
students.com. kg 223жогору тургуңуз келип жаткан жокпу?
—Мага кандай мамиле кылышпасын, ар бир пенденин
кайгы-кубанычын бөлүшүү—менин адамдык парзым.
— Болуптур дейли. Мейли, жакшы. Бирок биздин
жолугушууну ушул жагдайдагы өз ара мамиле тактоодон
баштабайлы, — деп такылдады Уолтер Шермет. —
Мындан олуттуу, анан, өзуңүз түшүнүп тургандырсыз,
коркунучтуу иштер бар, ал анан калса сиз менен, Филофей
бир боорум, мындайча айтканда, сиздин орбиталык
станциянын бортундагы иш-аракеттериңиз менен түздөн-
түз байланышта. Биздин пресс-конференцияга келип
отурганыбыздын себеби да ошол. Баса, баштаардан мурда
мен сизге олтургандарды тааныштыра кетейин. Залда —
журналистиканын мыкчегерлери. Түз телетрансляция
жүрүп жатат. Мен алып баруучумун, аты-жөнүм —
Уолтер Шермет. Менин жанымдагы — Энтони Юнгер. Ал
бүгүн эртең менен массалык нааразылык билдирүүнүн
натыйжасында каза болгон футуролог Роберт Борктун
ордуна теле-байланышка катышууда. Кечиресиз, болгонду
болгондой айтууга туура келет: ошол кайгылуу
окуялардын себепчиси сиз болуп олтурасыз. Кыскасы,
Энтони Юнгер өзү таанышып, ой-пикирин айтаар.
— Ыракмат, Уолтер Шермет. Мен Энтони Юнгерди
билем, — Филофей тигинин сөзүн бөлүп, көз кырын
Энтони Юнгер тарапка жиберди. — Мен Энтони Юнгерди
шайлоо алдындагы митингден улам билем, трансляцияны
көргөм. Мен сиздин сөзүңүздү байкоосуздан бөлүп кеткен
соң, айтарымы айтайын, мен ушул учурду, ушул
жолугушууну күткөн элем, мага, жана сиз эске салып
кеткен нерсе жөнүндө, — акыл-эсте жана жан-дуйнөдө
тутанган өрттүн жалыны космостогу мага кандай жетип
жаткандыгы жөнүндө — айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
students.com. kg 224Ооба, ал отту мен тутанттым. Ооба, ал чындык. Бирок мен
факелди еретиктерди отко өрттөө үчүн эмес, адамдардын
жан-дүйнөсүн жарык кылайын деген ой менен кармап
чыккан элем. Оюм ордунан чыкпады. Кайра баары
караңгы түнгө айланды. Үмүт да болбойбу деп корком. А
мен, ушул жашка келип алып, баеолук менен, албетте
баеолук, чындык салтанат курат деп үмүттөнгөм элем.
Жаңылыпмын. Жан-дүйнөнү жарык кылгандын ордуна
тополоң түшүрүп, нааразылык туудурган экемин. Мен
анын баарын телевизордун экранынан көрүп турдум.
Бүгүн Ньюбериде болгон окуяны да көрдүм. Мен Роберт
Борк менен телевидение аркылуу жолугушууну күткөм, ал
жөнүндө мага кабарлашкан, ал киши менен сүйлөшүүгө
жан-дилимден дилгир элем, бирок адамды өз үйүнүн
жанынан жырткычтарча тыбыттай тытып кетишкендерин
көрдүм. Орустар айткандай акыл-эссиз жана аеосуз
дүрбөлөңдү көрдүм. Ал дагы — менин күнөөм! Мен
Космосто жүрүп, мага Кудай өзү жиберген
пикирдешимдин өлүмүнүн түздөн-түз себепчиси болдум.
Силердин алдыңарда чөгөлөп кечирим сурайм, адамдар!
Бирок эми кереги жок болуп калды. Киши колдуу болуп
өлгөн Роберт Боркту өз жанымды кыйсам да кайра
тирилте албаймын. Мен ал үчүн жанымды курман кылууга
даяр элем, эгер...
Силердин суроолоруңарга жооп берүүдөн мурда мен
дагы бир нерсе айткым келет. Балким залдын бардык
суроосуна жооп берүүгө үлгүрбөстүрмүн, алдын ала
кечирим сурайм. Мен кетчү кишимин, жашай турган
силерсиңер, жашоо — демек, жоопту өзү табуу. Мени
түшүнүңүздөр жана, колуңуздардан келсе, кечириңиздер.
Коштошор алдында бир гана айтайын дегеним: мен өз
ачылыштарымды атак-данк үчүн, менменсинүү үчүн жана
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

өзүмө окшогон пенделерден өзүмдү жогору коюу үчүн
жалпыга жайып олтурган жокмун; бул ачылыштар
белгисиз боюнча кала бериши, дүйнө буга чейинкидей эле
эч нерседен капарсыз жыргап жашай бериши мүмкүн эле.
Бирок дайыма өркүндөп-өөрчүп туруучу таанып-билүү
аркылуу дүйнөгө көзүбүз ачылыш үчүн биз
түбөлүктүүлүктүн мааниси жана маңызы катары
жаратылган жокпузбу, ансыз жарык дүйнөнүн
бардыгынан не пайда, эгер түбөлүктүүлүккө биздин
муктаждыгыбыз болбосо жана аны баамдап-түшүнбөсөк,
өзубүзгө керек болгондо өз чабалдыгыбыздан жана
кесирдүүлүгүбүздөн чындыктан мүлтүлдөп качып турсак,
анда ал түбөлүктүүлүктүн болгондугунан не пайда? Биз
акыл-эси бар жандардын статусун төмөндөтүп жаткан
жокпузбу, анан калса бизсиз материя да жок эмеспи. Эгер
биз прогресстин жолу бул маалымат деп эсептесек, анда
түбөлүктүүлүктүн маңызы улам жаңы, баарын түгөл
камтыган маалыматтын үзгүлтүксүз агымында эмеспи?
Цивилизациянын учу-кыйырсыздыгы — таанып-билүүнүн
учу-кыйырсыздыгында. Бирок биз өзүбүзгө карап таанып-
билүүдөн качып жатсак, башкача айтканда, чындыкты
билүүдөн качып жатсак, ошону менен биз ушунчалык
көксөгөн түбөлүктүүлүктөн качып жаткан жокпузбу?
Мен кашкайган конкреттүү жагдайлар боюнча
абстракттуу ой жүгүрткөндүгүм үчүн олтургандардан
кечирим сурайм, бирок бүгүн, биз Роберт Боркту
өлтүргөндө, аны менен кошо түбөлүктүүлүктүн бир
бөлүгүн өлтүрдүк. Мени кечириңиздер, мен...
— Кое туруңуз, кое туруңуз, Филофей бир боорум! —
деп анын сөзүн бөлдү, өзүн араң кармаган Уолтер
Шермет. — Албетте бийик материя жөнүндө ой жүгүртүү
жакшы, түбөлүктүүлүктүн философиясы өтө кызык. Бирок
students.com. kg 226сиз адамдын туулушунун купуя сырларына кийлигишип
жатпайсызбы, — мен боюна бүткөн аялдардын
маңдайында Кассандра белгисин пайда кылуучу сиздин
космостук эксперименттериңиз жөнүндө айтып жатам.
Сиз биздин Эгого таптакыр жол берилгис кысым жасап
жатасыз. Ал эми буга, сиздин эсиңизге салып коюуга
уруксат этиңиз, макул болууга Жерде чанда гана адам
даяр! Эсиңизге салайын — Жерде, биз күнөөгө баткан
Жерде, анан сиз бардыгы жөнүңдө каарданган элдин колу
жеткис космос бийиктигинде туруп алып ой жүгүртө
бербеңиз. Элдин каары абдан адилет. Мен өз позициямды
ачып салганым үчүн кечирип коёрсуз. Бирок азыр алып
баруучу сыпайылык көрсөтүүчү учур эмес. Ошондуктан
мен сиздин иш-аракеттериңиздерге нааразычылык
билдирбей кое албайм. Сиз кандай гана жакшы ниет менен
жасабаңыз, өз илимий ачылыштарыңыздын урматы үчүн,
мен айтар элем, өзүңүз канагат алыш үчүн, планетанын
калкына дүрбөлөң салууга сизге ким жол берди, кандай
күч түрткү болду?! Анан калса өзүңүз, орус
иерархтарынын айтуусу боюнча, мейли өз атыңызды
өзүнүз чакырган күндө да, монах болсоңуз, анан ушунун
баары текеберчилик эмеспи. Сиз Кудайдын кудуретине
шек келтирип жаткан жоксузбу?! Ыйык китепте:
«тукумдагыла жана көбөйө бергиле» деп жазылган
эмеспи. Дал ушинтип жазылган. Сиз болсо эч кимдин
көзөмөлүнө алынбоочу нерсени текшерүүгө алмакчысыз.
Сиз туулуунун купуя сырын тозоктун күчтөрүнө курман
чалган жоксузбу? Менин көз карашымда, бул дал ошонун
өзү! Мистер Ордок бул жөнүндө саясатчы катары айтса,
мен миллиондогон элдин оюн урматтаган журналист
катары айтмакчымын.
Ушул жерде залда ызы-чуу башталды. Бул бир таң
students.com. kg 227каларлык, акылга сыйгыс көрүнүш эле: журналисттер,
алардын алдында космостон берилип жаткан
телеэкрандагы сүрөт эмей эле, сценада Филофейдин өзү
тургансышып, орундарынан ыргып турушуп,
микрофондорго жулунушуп, колдорун шилтегилеп
жатышты. Филофей болсо сабыр күтүүгө аракеттенип,
көздөрүн жүлжүйтө эрдин кымтып, аларды экрандан угуп
турду.
Кайгыргандан анын өңү бузулуп кеткени байкалды.
Муну пресс-конференция деп атоо кыйын болчу. Кан
кайнаткан кызуулугуна караганда анын митингден
айырмасы жок эле. Микрофонго колу жеткен ар бир
журналист аты-жөнүн, газетасын, маалымат агентствосун
айтар замат, дароо космостогу монахты жоопко тартууну
талап кылып жатты. Мындайда философияга жол кайда,
күнүмдүк жашоо баарынан жогору эмеспи! Филофейди
ооз ачырышпады. Анын абалы жаман болду көрүнөт,
капысынан экрандан жок болуп кетти. Залда тополоң
башталды. Экран бош калды.
— Кайда кеттиңиз? Эмне болду сизге? — деп
кыйкырды Уолтер Шермет.
Ангыча ал кайрадан көрүндү, колунда космонавттын
скафандры.
Залдагы ызы-чуу бир саамга тыйыла калды. Бул
эмнеси? дегенсишип, баары таң кала карашты. Филофей
унчукпастан скафандрды кие баштады. Энтони Юнгер
ушул тынымдан пайдаланды. Ал ордунан туруп, залга
кайрылды:
— Мен ушул телебайланышты уюштуруучулардын
бири элем, ошондуктан олтургандардан мага кулак салып
коюуну суранар элем. Буга байланыштуу менин да өз
милдетим жана укугум бар. Элден мурда Уолтер
students.com. kg 228Шерметтен пресс-конференцияны мындан ары алып
барууну мага берүүсүн суранам. Сиз айтаарыңызды
айттыныз, Уолтер Шермет. Ал эми бул залда болуп
жаткандар, тилекке каршы, журналисттердин иштиктүү
жолугушуусуна көп окшобой жатат. Пресс-конференция
деген суроо — жооп менен өтөт.
Азырынча бир дагы тиешелүү суроо берилген жок. Акыл
жүгүртүүнүн ордуна ачуу сөздөр айтылууда. Мен көп эле
пресс-конференцияларга катышкам, бирок мындайды
көргөн эмесмин! Ал турмак жакында Персия булуңунда
согуш чыгып кеткенде да ар кандай суроолор бершип, ар
кандай позициялар билдирилген болчу. Азыр болсо баары
бир хордо үн алыша кыйкырышып, анан сөзсүз баары бир
ооздон бир өкүмгө кол коюуга даяр.
—Кечиресиз, Энтони Юнгер,—Уолтер Шермет
чыдыбай кетти, —андай болсо эмне үчүн сиз аудиторияга,
аудиторияга эле эмес, бүткүл дүйнөгө өз оюңузду
таңуулаган жатасыз? Ошол эле учурда эмне үчүн
жолугушуунун башка катышуучуларын өз көз караштарын
билдирүү укугунан ажыратып жатасыз?!
—Урматтуу Уолтер Шермет, мен түшүнөм, азыр
кырдаал ушундай, телевидениеден эл массасына
өзүңүздүн берилгендигиңизди көргөзүп, коомдун таламын
талаша чыгып, бир заматта саясий кадыр-баркка
жетишүүгө болот, ыраспы? Бирок андан чындык аныктала
калбайт. Кырдаал башка. Ошондуктан мен кеч кала электе,
саясаттан, анын азгырмасынан баш тартууга чакырам,
ооба, биз жакшы көргөн саясаттан, ал кандай гана
формада болбосун, эгер бул колубуздан келсе, обочо
бололу, ансыз биз проблеманын негизине жакындай
албайбыз. Чындыкка жетүү эрдикти жана реализмди талап
кылат.
students.com. kg 229— Сиздин чындыгыңыз менен сиздин эрдигиңиз
эмнеде? — деп кыйкырып калды залдан бирөө.
Уолтер Шермет канааттангандай баш ийкеп, текебер
жылмайды. Зал элейип, жымжырт боло калды.
— Эрдик жөнүндө, — деди Энтони Юнгер сөзүн
таптай сүйлөп, — анын менде канчалык экенин башкалар
айтышар. Эми болсо ишке өтөлү. Мына биздин алдыбызда
экранда илимий улуу ачылыш жасаган, ал турсун мен
тарыхта мурда болуп корбөгөн деп айтар элем, адам
олтурат. Ал бизге жагабы, же жакпайбы — бул башка
маселе. Бул илим. Филофей боордошум, а мага ал ыйык
ата, Филофей ыйык ата адам баласы үчүн кассандро-
эмбриондордун проблемасынын маанисине биздин
көзүбүздү ачууга аракеттенип жатат. Бүгүн сүрмөтоптун
колунан каза тапкан, биздин дагы бир көрүнүктүү
замандашыбыз, футуролог Роберт Борк Филофейдин
ачылышын адамзат рухунун эволюциясындагы жаңы
кадам катары баалады. Ал басма сөз бетине жазып чыкты.
Ал анын акыркы сөзү, осуяты болуп калды. Мен жеке
өзүм бөтөнчө баалоого жана тыянак чыгарууга умтулбайм,
бирок айтайын дегеним: биз күнүмдүк таламдарыбызды
көздөп, кассандро-эмбриондордун проблемасына
кайдыгер карабашыбыз керек. Сөз мына ушул жөнүндө.
Эми өзүбүзгө жана түшүнүктүү себептер менен Филофей
ыйык атанын өзүнө суроо берели. Элге белгилүү болгон
кассандро- эмбриондордун алдында эми адам эмне
кылууга тийиш?
— Мистер Юнгер, — деген аялдын үнү чыкты.—
Кечиресиз, бул сурооңуз өтө эле өктөм эмеспи? Кимдин
алдында, эмбриондордун алдындабы? Сиз тийиштүү
суроолордун берилишин каалаган элеңиз. Андай болсо
пресса үчүн, акылынан шашып, нес болууга жана аргасы
students.com. kg 230түгөнүүгө силер кабылтып жаткан миллиондогон
окурмандар жана телекөрүүчүлөр үчүн ачык жана түз
жооп бериңизчи, силерден эч ким, бир да жан адам
сурабаса деле, эмнеге эле силер, Филофей экөөңөр, коомго
жанагы каргашалуу проблеманы ушунча жан талашып
тануулап жатасынар?
— Кеп ошол сурап жатканында, айым. Бирөө эле эмес,
санак жеткис жандар сурап жатышат. Түйүлдүктөрдүн
добушу бизге кайрылышып, аларга кулак салып коюуну
жана алар жөнүндө да эмес, биздин өзүбүз жөнүндө
ойлонууну жалбара суранып жатышат; а биз болсок аларга
жооп берүүдөн тайсалдап, коркоктук кылып жатабыз, анан
калса бул шордуу эмбриондордон кутулуу өтө оңой, анын
куну өзүбүздү өзүбүз алдоо, жана ага биз баарыбыз, мына
мени менен сиз дагы, айым, биздин мурунку муундарыбыз
дагы күнөөлүүбүз. Биздин баарыбызга кайрылышкан бул
добуштар, кайталайм, аларга кулак кагууга, ажырата
таанууга, ой калчоого муктаж, улуу Филофей мына ошону
ишке ашырды. Мен анын көзүнчө, тигинтип экрандан
бизди карап олтурганда, анын улуулугу жөнүндө ачык эле
айтып коюуга мажбур болуп олтурам, менде башка арга
жок. Ооба, ал улуу, даанышман адам. Мына сиз мени,
жана сиз айткандай, каргаша проблеманы коомго
таңуулаганга бизди эмне түртүп жатканын менин
түшүндүрүп беришимди талап кылып жатасыз. Алалы,
Эйнштейн салыштырмалуулук теориясын бирөөнүн
зордоосу менен ачты беле? Филофей дагы ошол сыяктуу
илимпоз, ал —көсөмдүк, ал — тажрыйбалар менен
ачылыштар, ал — акылдын иши. Мен ушундай деп
түшүнөм. Тоонун ары жагынан Күндүн чыгып келишине
эч ким тоскоолдук кыла албагандай эле, мындай
ачылышка да тоскоолдук кылуу мүмкүн эмес. Биз,
students.com. kg 231адамдар, коом мамилебизди тактап алышыбыз керек —
кеп мына ошол жөнүндө... Биз өзүбүзгө өзүбүз
айтышыбыз керек... Адамзат мындан ары жашоонун жаңы
стратегиясына муктаж...
Ушул учурда Уолтер Шермет алдында стол устүндө
турган телефон трубкасын шап көтөрдү да, кимдир
бирөөгө кыска кайрылды:
— Коммутатор, сиз даярсызбы? — анан трубканы
кармаган бойдон Энтони Юнгерге кыртыштай кайрылды:
— Сиз Филофей экөөңүздөрдүн риторикаңызга эл аралык
коомчулуктун жообун уккуңуз келеби? Сиз ишенгиңиз
келеби?
— Сиз эмнени айтып жатасыз?
—Биздин пресс-конференция төгөрөктүн төрт
бурчундагы шаарлардын аянттарында көрсөтүлүп
жатканын айтмакчымын. Дароо которулуп берилүүдө.
Кана, планетада эмне болуп жаткан экен, монах Филофей
менен анын жактоочуларынын оюна калың эл массасынын
жообу кандай экен — ушул жерде олтургандардын баары
бирге карап көрөлүчү. Дагы эсиңерге салайын —
дүйнөнүн түркүн жерлери, сутканын ар кандай учуру, ар
түркүн тилдер. Кана, көңүл бургула! — деп телефон
трубкасынан команда берди. — Борбордук мониторду
кошкула. Кана, элден мурда бизге Тяньаньменди
бергилечи, калкы баарынан көп мамлекеттин борборунда,
Пекинде эмне болуп жатты экен, көрөлү.
Сценанын ортосунда жаркыраган чоң экрандан
фасадында жол башчынын боз бешменти менен тартылган
Мао-Цзэдундун мисирейген баарыга белгилүү портрети
кадалган Тяньаньмендин эл быкпырдай кайнаган аянты
көрүндү. Моло таштай мостое караган Маонун көз
алдында аянттагы үрөй учура кыжылдаган эл
students.com. kg 232бууракандап, көбүгү көккө серпилип жаткан адам океанын
элестетти. Кытайлыктар өрт чыгып кеткенсип, чуу түшүп,
кыйкырып- өкүрүп жатышат. Мындай көрүнүш студенттик
толкунду басып салган 1989-жылы гана болгонун
комментатор кабарлады. «Тяаьаньмендин бир ооздон
чыккан кыйкырыгын уккула, — деп улантты сөзүн
комментатор. — Ал мындай дейт: «Филофейге өлүм!
Социализмдин душманы ракета менен атылып
түшүрүлсүн! »
Зал кубара түшкөнү экрандан да байкалган
Филофейди, микрофондун жанында дем тартпай селейген
Энтони Юнгерди, команда берип жаткан Уолтер
Шерметти карап турду:
—Эми - Москваны, Кызыл аянтты! Көңул бургула!
Кызыл аянтта да ошол эле көрүнүш. Таңкы үрүл-
бүрүл.
Ар кай жерде жагылган оттор. Сүрмөтоптун кыйкырыгы:
«Өз атын өзү чакырган Филофейге өлүм! Чагымчы ракета
менен атып түшүрүлсүн! » Анан ушул каны кызыган,
дуулдап толкуган топтун үстүнөн экрандан бир нече ирет
карандаган, олтургандардын эрксизден көңүлдөрү
бурулган, үкүгө окшогон түнкү канаттуунун көрүнгөнү
таң калыштуу эле. Ал канаттуу, көзгө көрүнбөс жип менен
байлап койгонсуп, бирде мавзолейдин, бирде Кремль
сепилинин үстүнөн, анан кайра кыйкырып-өкүргөн
сүрмөтоптун үстүнөн үрүл-бүрүлдө жан-алакетке түшүп,
далбактап учуп жүрдү...
Уолтер Шермет дүйнөнүн башка жерлеринен —
Берлин, Варшава, Монреаль, Рио-де-Жанейро — алып
көрсөтүүгө дембе-дем команда берип турду, ошондо
бардык жерде баягы эле кыйкырык менен бакырык
угулуп, баягы эле: «Филофейге өлум! » , «Шүмшүктү
students.com. kg 233ракета менен атып түшүрүү керек!» деген өкүм
чыгарылып турду.
— Жетишет! Мага кулак салып коюңуздар! — деген
сол жактагы экрандан Филофейдин үнү угулду.
— Кулак сизде, Филофей боорум, — деп лепилдеди
дале болсо короздоно койкоңдогон, табалуу жылмаңдаган
Уолтер Шермет. — Демократия ушундай нерсе экенин
көргөндө эмне демексиз? — дегенде ал кейкейе боюн
түзөп, кашка башы көккө жеткенсип жалтырады.
— Буга чейин эмне демек болсом, ошо деймин, — деди
Филофей. Ошондо баарына кайыл болгону, баарынан
кечип салганы анын жүзүнөн айкын көрүндү. — Сизге мен
ыраазымын, Уолтер Шермет, мен үчүн дүйнөнүн туш
тарабынан репортаж уюштурганыңызга. Ушундан кийин
көнүлдө күдүк калышы мүмкүн эмес. Баары айдан ачык —
мен ойрон болдум. Менин милдетим адамзаттын көңүлүн
кыйроодон кутулуп кетүү мүмкүнчүлүгүнө, ал гана
турсун, эволюциянын жаңы баскычына өтүү
мумкүнчүлүгүнө буруу эле. Анын жолу бирөө гана —
кассандро- эмбриондордун эсхатологиялык белгилерине
кулак төшөө жана жалпы жонунан коомду жана анын
ичинен биздин ар бирибизди өркүндөтүү зарылчылыгы
жөнүндө тыянак чыгаруу. Натыйжасын көрүп турасыңар
— менин аракеттерим сая кетти. Менин кан
какшаганымды замандаштарым таптакыр тескери
кабылдады. Мойнума алам—мен жеңилдим. Эми— кеп
түгөндү. Тамам. Эми тыянак чыгарууга мезгил жетти.
—Филофей боорум, мына эми сиз объективдүү
жагдайды түшүндүңүз, кеп мына ошол жөнүндө: эми элди,
коомчулукту тынчытуу керек, ушундай эмеспи? — деди
Уолтер Шермет акылдуусунуп.
—Ооба, демек ошондой, — деп моюн сунду Филофей.
students.com. kg 234— Роберт Боркту өлүмгө дуушар кылган, болуп
көрбөгөндөй нааразычылыктын күнөкөрү мен болгон сон,
Кудай алдында да, эл алдында да жооп берүүчү менмин.
Мына эми ошол мезгил—кол менен кылганды моюн
менен тартчу мезгил— келип жетти. Менин кубанганым,
ушул тагдырым чечилчү саатта менин жалпы эл алдында
болгондугум жана алар менин айткандарымдын ак
экендигине ишенгендиги.
—Филофей боорум, — деп сөзгө кыпчыла калды
баягы эле Уолтер Шермет, өзүн бүт дүйнө көрүп
жатканын жана ар бир сөзү алтынга татырын түшүнүп. —
Филофей боорум, — деди ал кайталап,—биз сизден эч
кандай аракет жасоону талап этпейбиз. Эл массасынын
каны кызып турганы ырас, бирок сиз аларды ушуга
мажбурладыңыз. ..
— Ооба, ооба, мен түшүнүп турам аны, — жооп катты
Филофей. — Жылуу сөзүңүз үчүн ыракмат. Бирок мен
жасаган иш ойлонбой жасалгандардын бири эмес. Ал үчүн
мен жооп беришим керек. Эгер менин ачылышымды,
менин идеямды дүйнө жүзү жан-дүйнөнүн өзүн өзү
жаңыча таанып-билүүсү катары караса, же максатыма
жетеримди, же ойронум чыгып жеңилип, өзүмдүн
ачылышымдын курмандыгы болорумду, анын урандысы
алдында калып өлөрүмдү билгемин. Башкача болушу
мүмкүн эмес эле. Мен эмнеге башымды сайганымды
билгем. Менин акыркы сөзүм мына ушул. Адамдарга
кандайдыр бир карасанатайлык кылайын деген ойдон алыс
элем. Бирок иш жүзүндө баары башкача болуп чыкты.
Жакшы оюм жамандыкка айланды. Эми анын алдында
баарыбыз алсызбыз. Бирок мен ачылышымдын өзүнөн,
кассандро- эмбриондордун феноменинен, алардын
эсхатологиялык кабарынан баш тартпайм; кыямат-
students.com. kg 235кайымдын келиши — биздин өзүбүздө арампөштүктүн
жыйылгандыгында, биздин ойлогон оюбуз менен жасаган
иштерибизде экендигин жана алар кризисти жакындаткан
адамзаттын генетикалык коруна таасир берип
жаткандыгын кишилер билүүгө тийиш. Ансыз кеч болуп
калат.. .
Зал уу-дуу боло түштү. Нааразы үндөр угулду.
Олтургандардын бири микрофонго ачууланып кыйкыра
баштады:
— Коркутканыңызды токтотуңуз! Мен коомду
коркутканды дароо токтотууну талап кылам! Мен ачык
эле жарыялап коеюн — биз адамзатка космостон бийлик
жүргүзүүнү көздөгөн азезилди көрүп турабыз. Ооба, ооба,
мурдагы өкүмдарлардын бири да мындай бийлик жөнүндө
ойлой да алышкан эмес: мейли Гитлер, мейли Сталин
болсун. Алар канды суудай агызышкан да кете беришкен.
А бул болсо космостон туруп алып, коркутуп-үркүтүү
аркылуу дүйнөлүк үстөмдүккө умтулууда. Бул азыр элдин
каарынан алыс. Ошого ишенип алып, адамзатты
каалаганындай калчап жатат!
Энтони Юнгер чыдабай кетип, ал да микрофонго
жулунду:
— Мистер, мен сиздин аты-жөнүңүздү билбейт
экемин, микрофонго кыйкырардан мурда кур дегенде ким
экениңизди залга айтып коюшуңуз керек.
— Меники айтыла жүргөн эле ысым — Смит, Жон
Смит.
— Эмесе мындай, Жон Смит! Атайынбы, же
билбегендигиңизденби, бирок сиз иштин чындыгын
бурмалап жатасыз. Сиздин эркиндигиңиз менен
укугуңузду эч ким бузуп жаткан жок. Сиз өз
каалаганыңыздай жашай бериңиз. Бирок ачылыш жасаган,
students.com. kg 236адамзат тарыхында улуу ачылыш жасаган окумуштуу
сиздин көнүлүңүзгө бүлүк түшүп калат экен деп өзүнүн
илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын коомдон
жашырып кое албайт жана жашырышы да тийиш эмес.
Филофейди чындыктан таюуга, өзүнө каршы чыгууга
мажбурлоого болот. Бирок факт деген факт — кассандро-
эмбриондор бар жана кала берет. Мындан ары
Кассандранын белгиси биздин өзүбүздө бугуп жаткан
арамдык жөнүндө билдиргени билдирген. Ошондуктан биз
өзүбүздү өзүбүз алдабашыбыз керек, болгон ишти
өзүбүздөн жашырбашыбыз керек. Тескерисинче, биз, —
кандай айтсам тагыраак болоор экен, — аскер ишинде
окко көкүрөк тосуу деген түшүнүк бар, мына ошол окко
көкүрөк тосушубуз керек...
— Эй-эй! Ошентип айтууга кантип оозуңуз барды —
окко көкүрөк тосуу?! — деп. Окту кимдин көкүрөгү менен
тосмоксуз? Аялдын көкүрөгү мененби?! — деп залды
жаңырткан аялдын чаңырыгы чыкты. — Сизди да эркек
дейт ээ! Аялдардын тагдырын бийлөөгө ким укук берди
эркектерге? Каргыш тийген патриархат ушул жерден да
өзүн көрсөткүсү бар! Мен окко көкүрөгүмдү тоспойм-
этпейм! Менин маңдайыма жанагы ыпылас жана
абийирсиз Кассандранын белгиси чыгышын каалабайм!
— Кечиресиз! — экрандан Филофейдин үнү угулду. —
Кечиресиз, Кудай турат, сиздин сөзүңүздү бөлөйүн деген
оюм жок эле, бирок Кассандранын белгиси ыпылас да
эмес, уят да эмес экенин айтып коюшум керек. Таптакыр
андай эмес. Мен жана да түшүндүргөм, ал муундан муунга
топтолуп олтуруп, биздин өзүбүздө жыйналып калган
жамандык — арампөштүк жөнүндө эскертип жаткан
кассандро- эмбриондун реакциясы — жообу. Акыр кыямат
биздин өзүбүздө жашырынып жатат — бул тамга бизге
students.com. kg 237мына ошону билдирет. Сиздерден суранарым, чочубагыла.
Анан азыр мени угуп тургандардын баарынан суранарым,
акыркы, коштошуу сөзүмдү айтууга мага уруксат бергиле.
Акыркы суткаларда уккандарымдын жана
көргөндөрүмдүн бардыгы менин ачылышым өтө
мезгилинен эрте жасалгандыгын, аны менин
замандаштарымдын түшүнө албагандыгын билдирип
турат. Мына ошондуктан мен жок болууну, бул жашоодон
кечүүнү, эч кимге жамандык каалабай кете берүүнү
биротоло чечтим, бир жакшы жери, мен муну космосто, эч
ким мага жолто болбой турган жагдайда жасай алам.
Мына ушул акыркы минуталарда мени угуп, көрүп
жатышкандардын, же мен жөнүндө кийинчерээк
билүүчүлөрдүн алдында башымды ийип, кечирим сурайм.
Менин жакшы ой менен жасагандарым сиздерди жапа
чектирип койду. Эми менин сапарым карыды. Мен азыр
ачык космоско чыгам да, өмүр жолумду аяктайм. Тагдыр
ушул. Бул кадамга мен даярмын, башыма туулга кийүү
гана калды. Бирок өзүм сүйгөн Пушкиндин: «Ай аттиң,
булуттун үстүндөгү кечилдер бөлмөсүнө, Кудайга коңшу
болуп жашырынсам», —деген бешенеме жазылгандай
жетелеген, өзүм да жетсем деп көксөгөн жердеги, өзүмдүн
космостогу коңулумду таштап кетүүдөн мурда, ушул
акыркы кадамымды жасаар алдында, мени угуп жана
көрүп олтургандарга айтарым, тапкыч-нурлар менен
планетаны нурландыруучу бардык жабдуу жок кылынды.
Бардык эсептөөлөр жана иштеп чыгуулар жок кылынды,
изилдөө менен байланышкан бардык жазуулар, Кассандра
тамгасынын феноменин ачууга байланышкандын бардыгы
жок кылынды. Ошонун баары жок болот, мени менен
кошо кетет. Мындан ары, буга чейин эч качан эч нерсе
болбогондой, бардыгын унуткула да, бейкут жашай
students.com. kg 238бергиле. Балким качандыр бир убакта адамзаттын акыл-ю
буга кайрылаар, бирок ал бизден кийин болмокчу, ал
келечектин иши. Азырынча баары кайра өз ордуна келет.
Эч кандай из калбайт. Эгер менден кийин орбиталык
станцияны кимдир бирөө тинтип караса көзүнө урунуучу
жалгыз нерсе — бул менин өз өмүрүм жөнүндө
жазгандарым, тагдыр жөнүндө, мезгил жөнүндө, мага
кассандро- эмбриондордун сырлары кантип жана эмне
үчүн ачылгандыгы жөнүндө космостогу монахтын
мемуарлары. Өзүмдүн артыма калтырган жалгыз нерсе
ушул. Эгер сенин көңүлүңө туура келсе, уулум Энтони
Юнгер, ал жазууларды сага мураска калтырам — керээзим
болсун.
Кымбаттуу Энтони, мен сени уулум дегеним үчүн
кечирип кой, бирок ал менин дилимдин эрки. Жана мен
сени эл алдында уулум деп атагандыгым үчүн тагдырга
ыраазымын. Тагдыр экен, мен туяксыз калдым, анан
минтип акырында, акыркы секунддарда менин руханий
уулум — Энтони Юнгерим — бар деп ойлой алам.
Зал кыбыр этпей калды. Анан кайрадан Филофейдин
үнү угулду:
—Мени кечиргиле, калайык! Коштошуп жатканда
баарын айта албайсың. Бирок кетер алдында бир нерсени
айтпай кое албайм. Мени өз атын өзү чакырган монах, өз
атын өзү чакырган Филофей дегендер болду. Ооба, ал
ырас. Мени монах кылып эч ким чачымды кырккан эмес,
эч ким Филофей деп атымды койгон эмес. Бирок маани
чиркөөнүн процедурасында эмес да, маани идеяга
ишенгендиктин күчүндө. Мына ушул жагынан мени туура
түшүнсөңөр экен дейм.
Мезгил жетти. Силер менен коштошоюн. Планета
менен коштошоюн. Мен аны экрандардын биринен толугу
students.com. kg 239менен көрүп турам, аалам мейкиндигинде калкып
баратканын толугу менен көрүп турам, башка бир экранда
—майда- чуйдасына чейин алаканга салгандай даана,
чоңойтулуп көрсөтүлгөн айрым пейзаждар: бак-шак, чөп
өсүмдүктөр, таштар. Анан тигине — кандайдыр бир таң
каларлык, азырынча анча түшүнүксүз, кандайдыр акылга
сыйгыс көрүнүш. Эгер орбиталык монитордогу көрүнүп
жатканды жерге алып берүүгө техникалык жактан
мүмкүнчүлүк болсо аны өзүңөр деле көрөсүңөр. Ана,
менин оң жагымдагы экранды карагыла, карагыла.
Тигине, деңиз көрүндү, бул океандын жээги. Атлантика
океаны! Карагыла, тоодой толкундар жээкке келип
урунууда, анан тигине, көрүп турасынарбы, эмне болуп
жатканын? ! Силер киттерди көрүп турасынарбы? ! Тигине,
өзүнчө бир үйүр! Алар тоодой болуп океандан сүзүп
чыгышты, ана, карагыла, о шумдук, о алаамат, киттер күү
менен барып боюн жээкке урууда. Карагыла, бул эмне
деген укмуш! Булар жанынан кечкен киттер! Аларга эмне
болду? Эмне үчүн жээкке бой таштап жатышат?! Алар
жанынан кечүүгө не себеп? Бул эмнеси? Буга эмне
мажбурлады аларды? Аларды өлүмгө айдаган жан
чыдагыс бир жаман нерсе бар! Же бул биздин акыркы
ниетибиздин дал келип олтурганыбы? Күнүнө, саатына
чейин! Киттердин өздөрүн өлүмгө кыйган себебин мен
түшүнө баштадым көрүнөт. Бул кубулуштун маңызына
терең кире албаганым өкүнүчтүү, жашоонун бул
укмуштуу сырын билүү үчүн эми убакыт жок. Роберт
Борк деле ушунун өзү. Анын макаласын окуп чыгып, ой
жүгүртүүсүнүн тереңдигин түшүнө баштадым, бирок
жазылгандарда айтылбаган дагы бир нерсе катылып
жатат. Мен бири бирибизге чечилебиз го, анан бизге рухту
жаңыча түшүнүү ачылат деп күткөм. Бирок үлгүрбөй
students.com. kg 240калдык, тагдыр буюрбаптыр. Киттер да ошол. Аларга тил
бүткөндө биз канча нерсени билген болор элек... Мен
кармалып калдым... Мен алардын үнүн уккансып жатам.
Киттер мени өздөрү менен кошо чакырууда. Мен да
алардын артынан кеттим... Мен да ошол боюн жээкке
таштап, жанынан кечкен киттин өзүмүн. Эми акырында —
Роберт Боркко кайрылганым. Мен сенин алдыңда
айыптуумун, мен киттер менен кошо сага жөнөдүм...
Кошкула. ..
Андан кийинки көз алдыда болуп жаткандар
көрүүчүлөрдү нес кылды. Филофей бүткүл дүйнөнүн,
ошол учурда телеэкрандардын алдында олтургандардын
баарынын көз алдында жашоо менен кош айтышты.
Монахтын ар бир кыймылы анын өз оюнан кайтпастыгын
ырастап турду. Адам өз жанын өзү кыйып жатканына күбө
болуп олтурушканын баары түшүнүп турду. Филофейди
ойлогон оюнан баш тарттырууга, өлүм босогосунан аны
кайра чакырууга эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок эле...
Зал тымтырс болду да калды. Эч ким ордунан
козголбоду, эч ким лам деп ооз ачпады. Баарынын көзү
космос монахынын жашоосунун акыркы көз ирмемдери
өтүп жаткан экранга кадалды. Өлүм эркиндиги эч нерсе
менен ордун толтура алгыс, эч нерсе менен өлчөнгус
рухтун укмуштуу бир трагедиясы экен го деп ойлоду
капысынан Энтони Юнгер. Аңгыча Филофей башына оор
космостук туулганы кийди. Аны комбинезондун жакасына
топчулап жатканы көрүнүп турду. Мына ушул учурдан
тартып анын өңү бүдөмүк болуп калды. Баары даяр болду.
Эми борттон сыртка чыгуу гана калды. Филофей
кылчайып карады, балким бир нерсе айткан чыгар, бирок
сөзү угулбады. Коштошуу үчүн колун булгалады да, ачык
космоско бой таштоо үчүн люкту карай кадам шилтеди.
students.com. kg 241Люктун эшигы жылып ачылды да, Филофей боштукка
кадам таштады.
Ал жылдыздар арасындагы мейкиндикке кадам
шилтеди, үстү да, асты да, сол тарабы да, оң тарабы да,
горизонту да, чеги да, ченеми да болбогон чексиздикте
коколой башы калды.
Ал калкып калды, анан космос кораблинен улам
алыстагандан алыстан, бейтарап каалгып баратты...
Ал салмаксыздыкта калкый берип, бир маалда
көрүнбөй калды...
-11-
Жээкке бой таштаган киттер, көздөрү чанагынан
чыгып, суусу тайыз жээкте жан талаша кыйналып, өлүп
жатышты. Өрткө чалдыккан тоодой карайып, алардын
денелери ар кай жерде жатты.
Жер болсо демейдегидей Күндү айлана берди...
Эртеси эртең менен бүткүл дүйнөнүн газеталарынын
баары биринчи беттеринде: «Космосто биринчи жолу адам
өз жанын өзү кыйды!», «Космос монахы Филофей
адамзатты Кассандра тамгасынын оор сыноосунан
куткарды! », «Жаны жаннатка барсын!» дешип бир ооздон
кыйкырып чыгышты, ушуга окшогон сенсациялык
маанайдагы дагы башка көптөгөн билдирүүлөр
газеталардан, телеэкрандардан жана радиоканалдардан
жар салынды...
«Трибюнда» Энтони Юнгердин атынан шашылыш бир
нече сап жарыяланды: «Менин аталарым, Филофей менен
Роберт Борк чыйыр салып кетишти, мен аны менен андан
ары кетем...»
Бирок кубанычтуу табалаган кыйкырыктар да болду:
students.com. kg 242«Өз атын өзү чакырган монахтын атын Асманга көтөрө
даңктоо талап этилбейт. Ал эбак курсагы жогору карап,
космосто! »
Дагы башка таң калтырарлык жаңылыктардын
арасында, мындан мурда да нечен ирет жарыяланган,
сырдуу билдирүү жүрөт: «Атлантиканын Батыш жээгинде
киттердин чоң тобу океандан кургакка боюн таштады.
Жаныбарлардын баары өлдү».
Дагы бир таң каларлык, Россиянын газеталарынан
алынып, сандырак кабар жарыяланды: «Кечээги түнү
Кызыл аянтта белгисиз бирөө мавзолейге канаттуунун
өлүгүн — үкүнү — таштап кеткен. Текшере келгенде
ичинде жардыргыч жок болуп чыкты».
Эки күндөн кийин Роберт Борктун сөөгү коюлду.
Бейит жымжырт. Күз. Күн чаңкая ачык. Коштошуу
зыяратынын учурунда Энтони Юнгер асманга көз
жиберди да, ойлоп койду: экөө тең чындык жолуна түшүп,
маңдайларына жазылган жайды ээлешти: бири — космос
мейкиндигинен, чексиздиктин агымынан, экинчиси — жер
катмарынан, түбөлүктүүлүктүн кучагынан — жай
табышты. ..
Чындык да алар менен...
Эпилог
«Менин өмүр сапарым карыды — ичер суум бүтөрүнө
саналуу гана убакыт калды. Компьютерге коштошуу
катымды жазып үлгүрүүгө шашылуудамын. Мына кызык,
өмүрүмдүн акырында оюма келгенин кара: мен азыр
Жерде жарык күн акырындап караңгылап түнгө айланып
баратканын көрүп турам, анан ал кайра жарык болуп,
жаңы күнгө айланат. Мына түбөлүктүүлүктүн көзгө
көрүнүп турган агымы, мына Мезгилдин көз алдыдагы
students.com. kg 243чексиздиги. Бирок орбитадан карап турган субъект үчүн
чек коюлду.
Аалам масштабында адам өмүрү — бул чымын өмүрү.
Бирок адамга акыл-эс берилген, анан анын өмүрүн
узарткан да ошол. Бирок тескерисинче да болот — өмүрдү
кескин кыскартат. Күндүн түн менен алмашкандагы купуя
сырына мен канча ирет байкоо салдым, ошону менен
өзүмө өзүм акыркы нокотту коерумду ойлогон эмесмин.
Анткени менин Өкүм күнүм, мендей пенденин бейопа
жашоосунун акыркы күнү келди. Ар бир адамдын өмүрү
менен байланышкан бардык эле нерсе сыяктуу, менин
Өкүм күнүм мени менен кошо кетет. Мен Өкүм күндү
өзүмө өзүм белгиледим, менин кайгылуу артыкчылыгым
да, кайткыс жазмышым да ошондо.
Ушул саптарды жазып бүтөрүм менен мен, эгер
мүмкүнчүлүк болсо, космостук пресс-конференцияга
чыгам. Андан кийин жашоо менен кош айтышышым, өз
жанымдан өзүм кечишим керек. Менин өзүмө өзүм
чыгарган өкүмүм ушундай. Мен коомдун адатка айланган
аң-сезимин ойрондодум. Мен миллиондогон адамдарга
жек көрүмчү болдум. Мен Роберт Борктун өлүмүнө
себепкермин. Мен туюкка камалдым. Мен жок болушум,
жашоодон кол үзүшүм керек, башка жол жок.
Өлүм алдында адамга аба жетпей туруп алат деп
коюшат, ошентсе да мен айтар сөзүмдү айтып калайын.
Жердегилердин баарынын каргышына калган адамдын
жек көрүмчү дүйнөнүн эмне болору менен эмне иши бар?
Маа демектен баары жылан сыйпагандай болуп, дүйнө
аласалып кетсин десем болор эле да! Бирок мен өзүмө
өзүм белендеген өлүм алдында да өзүмдүн
чочулаганымды жашыра албайм: адамдар кантээр экен,
Кассандра тамгасы менен болгон окуя эртеңки күнү
students.com. kg 244адамдардын акылы менен жан-дүйнөсүнө эмне таасир
берер экен? Анан калса кандай болгон күндө да каргышка
калганы менен чындык болуудан калбайт да. Бүгүн четке
кагылган проблема эртең кайра калкып чыгат, андан
качып кутулуу мүмкүн эмес.
Өкүм күнүм келди. Ал келбей коймок эмес. Мага
артка жол жок. Мен силерге, адамдар, өзүмдүн жан-
сырымды калтырып жатам. Андан силер өзүн кийин
космостогу монах деп атап алган менен ким экендигим,
кайда туулгандыгым, кандай өмүр сүргөндүгүм, эмне иш
кылгандыгым, каргашалуу Кассандра тамгасынын сыры
мага кантип ачылгандыгын билесиңер...
Коштошуп жатып, дагы айтайын. Эң бир күтүүсүз
ойлор жана санаалар мага космосто жүргөндө келди. Аны
эмне деп түшүндүрөрүмдү билбейм. Мен космостон булут
арасындагы Жерди караган сайын кубанычтуу ойлонор
элем: О Кудай, Жер эмне деген керемет жаралыш! Жада
калса Күн дагы эл жашаган Жердин урматы үчүн жаралса
керек, болбосо ушунун баарынын маңызы кайсы? Дүйнө
адамга керек — ошол үчүн ал бар, ошол үчүн ал адам аны
туюп-сезет, туюп-сезгендиги үчүн ал бар. Болбосо мына
бул галактиканын эмне кереги, эмне маңызы? Анан
Кудайды алалы!! Ал адамга керек — ошол үчүн ал Кудай,
ошондуктан ал бар! Бирок мына ушул жаратылгандын
баарына адам өзү арзыйбы? Мына ушул акыл жеткис
дүйнө түзүлүшүнө? Мына Ааламдын табышмагы!
Менин убактым бүттү. Өтө аз калды. Бир аздан кийин
мен станциядан боюмду таштайм, секирем. Жерден алыс.
Өтө алыс. Ошентип үнүм өчөт. Мени кечирип койгула.
Филофей».
students.com. kg 245Космос монахынын мурдагы жашаган жайына
астронавттардын командасы келген алгачкы эле күнү
Филофейдин каты менен Жансырынын тексти орус
тилинде жерге берилди. Кораблдин командиринин
шашылыш билдирүүсүндө персоналдык компьютердин
эстутумунда Филофей калтырган керээз сакталгандыгы, ал
космос станциясынын келчү персоналынан компьютерде
сакталган анын жансырын Энтони Юнгерге берип коюуну
сурангандыгы айтылат. «Энтони Юнгер менин
жазгандарымды өз каалаганындай пайдаланууга акылуу».
Текст: «Сени менен жана сенден кийин баштан
өткөндөр» ден атап коюлган.
Андан ары төмөндөгүлөр жазылган:
«Космостогу орбиталык станцияга туш болом деп
мурда эч качан оюма келген эмес. Ага мени илим жолу
алып келди. Бирок мен космоско жалаң гана илимий
мүдөө менен жөнөбөгөндүгүмдү, өзүн өзү Жер жүзүнөн
куугунтуктаган, кийин өзүн өзү космос монахы деп атаган
куугунтукталуучу экенимди эч ким билбейт. Илгери
саясий, же кандайдыр бир башка себептер менен чет
өлкөдөн мекенине, Советтер Союзуна келүүдөн баш
тартышкан, ошону менен бүткүл дүйнөнүн көзүнчө улуу
державанын бийлигине каршы чыккан адамдар өздөрүн
«кайрылбас» атап коюшчу, ошолор сыяктуу мен да өзүмдү
«кайрылбас» атап койсом болмок.
Бирок жок, ал бул жерге туура келбейт. Мен
куугунтукталуучу да, кайрылбас да эмесмин, бул
түшүндүрүлүшү татаал элден бекинүү, космос аркылуу
элден бекинүү. Рухтун космос менен интеграциясы, өтө
опсуз угулганына карабай, мен ушинтип коер элем. Бирок
космосто болгон өмүрүм менин бүткүл жашоомдун
логикалык жыйынтыгы, менин өнүгүүмдүн эң жогорку
students.com. kg 246жана акыркы нокоту болду. Мунун өз зарылчылыгы, күн
мурунтан белгиленгендик, тагдыр болсо керек. Ушундай
болушу мүмкүн экенине ишенүү кыйын, бирок жарык
дүйнөдө эмнелер гана болбойт...
Менин тагдырымдын башталышы да элдикиндей эмес,
башкача болду. Ушул себептен мен өмүр бою өзүмдүн
жаралышымдын, тагыраак айтканда, туулгандыгымдын
сырын козгоодон качып, өмүр бою аны улам ары көлөкөгө
түртүүгө аракеттенип келем.
Мени ымыркай чагымда, жуурканга ороп туруп,
балдар үйүнүн крыльцосуна, кире беришине таштап
кетиптир. Менин фамилиям Крыльцов болуп калганы да
ошондон, балдар үйүндө берилген. Атымды Андрей
коюшуптур да, атамдын атын да ошондон алышыптыр —
Андреевич. Крыльцов Андрей Андреевич. Бул кайгылуу
окуя, мага кийин айткандарына караганда, 1942-жылдын
аягында, кыштын кардуу таңында болгон экен. Ал таң
менин элдир-селдир эсимде, албетте, буга эч ким
ишенбейт, ошентсе да. Арга канча, мен болгонун
болгондой айтып жатам. Апам басканда кардын
кычыраганы эсимде турат. Ошол кыштын таңында анын
шашылып келатканы да эсимде. Эсимде, ал мени
көкүрөгүнө бекем кысып, эки жагын элеңдей карап,
денесин калтырак басып келаткан, анын жүрөгү дүкүлдөп
катуу соккону угулуп турган. Ал катуу демигип, менин
кулагыма бир нерселерди шыбырап, ыйын жана көз
жашын тыюуга аракет кылып келатты. Балдар үйүнүн
крыльцосуна калтырмак болуп ал мени көтөрүп келаткан
чакта мен жууркандын жылчыгынан анын өңүн, кар
жабышкан кирпиктери менен көздөрүн, бозоргон асманды,
сампарлап түшүп жаткан карды көргөм. Кар уйгу-туйгу
айланып, жай жаап жатты. Балким апам мага ошондо:
students.com. kg 247«Сен ыйла, катуу-катуу ыйла, эл тез уксун!» — деп
шыбырагандыр.
Апам мени крыльцого койгондо бул эмнеси экенин
мен дароо түшүнгөнүм жок. Мен сууктан үшүдүм, ал
кайтып келип, мени бооруна кысып алат деп күттүм.
Бирок ал бадалга жашынып, ары четте күрткүдө турду —
келбей койду. Ошондо анан мен ыйлап кирдим, катуу
ыйладым, аңгыча эшик ачылды да, кимдир бирөө келип,
мени колуна ала коюп, көтөрүп кирип кетти...
Менин күрткү дегеним, кийин менин жападан жалгыз
укканым ошол болду: «апаңын изин күрткүдөн гана
көрдүк, — болду, башка эч качан эч жерде из калганы
көрүнбөдү. ..»
Азыр мен көз алдыма келтирем, бери жакта таштап
койгон баласы бакырып ыйлап жатса, басып келбей,
бадалдын далдасында кантип чыдап турду экен... Менин
түшүмө бир түш дайыма эле кире берет — мен калың
күрткүнү жиреп, анын изин карайм, изи түнт токойго
кирет, мен корком, суук, карга батам. Анан: «Апа! Апа!»
— деп кыйкыра баштайм да, ойгонуп кетем...
Бирок ошол каргашалуу таңда ошондой каргашалуу
кадам жасоого менин энемди эмне мажбурлады экен?
Атаганат, билсем кана! Менин атам ким болду экен? Энем
аны өзү билет болду бекен? Мына ушуга окшогон дагы
көп суроолор мага жоопсуз, өмүр бою табышмак бойдон
калды.
Балдар үйундө бул жагдайда мага эч ким сөз козгочу
эмес, кээде өзүмдүн сырымды кимдир бирөө менен
бөлүшкүм келген менен, ага анчалык дилгирленчү
эмесмин, анын үстүнө, ошол кар жаап турган кышкы
таңда энем мени бооруна кысып алып, көтөрүп
келаткандан башка эстеп айтар эч нерсем жок болчу. Анан
students.com. kg 248калса менин бир нерсе эстеп калганыма эч ким ишенмек
да эмес.
Бирок менин айткандарымды, кенедей да
ишенбегендигин билдирбей, уккусу келген жарык
дүйнөдө жападан жалгыз аял— Валерия Валентиновна —
бар эле. Кызматташтары аны Вава дешчү. Биз дагы,
балдар, Вава, Вава эже дечүбүз жана ушунун өзүндө дагы
кандайдыр бир үй-бүлөлүк жакындык, жылуулук бар эле.
Анан, албетте, Вава эже баарыбыздын эң сүйүктүү
тарбиячыбыз болчу.
Биздин балдар үйүбүз Руза шаарынын чет жакасында,
Малеевка поселогунун жанында болчу. Бул болжол менен
Москвадан 100 чакырымча ары. Биздин № 157-балдар үйү
майдан тилкесинде жетим калган балдарга башпаана
катары Подмосковьеден немис аскерлери чегинип кетери
менен уюшулган эле. Ошол кезде Вава Рузада, токойдун
ичинде коңшу жайгашкан композиторлордун үйүндө
иштечү. Бул чынында советтик композиторлорду өстүрүп
чыгаруучу жай болучу. Бул жерде, казналык жайда, ар
бири жеке коттежде жашаган ар кайсы крайлардан жана
республикалардан келишкен композиторлор кылымга
татыр музыка — жаралгандан жалгыз улуулардан улуу
жол башчы жана элдердин атасы жолдош Сталинди
даңктаган салтанаттуу кантаталар менен хоралдарды —
жазып жатышкан... Бул жерде кээде өтүкчүнүн уулунан
XX кылымдын өкүмдарына айланган бул адамга арналган
чыгармаларды угуп, сын берүү үчүн жогорку партия
ишмерлери келүүчү. Кээде бул жерде шефтик концерттер
берилчү, ага биз дагы, балдар үйүндөгүлөр да келчүбүз.
Вава эже Чыгармачылык үйдүн администратору эле,
бирок ал өзү да оңой пианистка эмес болчу. Ошол
себептүү согуштан кийин ал биздин балдар үйүбүзгө
students.com. kg 249музыкалык жетекчи катары келди.
Кырк биринчи жылдын күзүнөн кырк экинчи жылдын
жазына чейин Рузада жана анын чет жакаларында
немистин танкачан аскерлери турган. Менин ал окуяларга,
албетте, эч кандай тиешем жок болчу, бирок туулган
мезгилим менен менин таштандылык тагдырымдын
ортосунда, сыягы, кандайдыр бир байланыш бар көрүнөт,
эмнеси болсо да Вава эже бул жөнүндө ойлоно кетчү жана
мени менен сүйлөшкөндө, мен боорумду көтөрүп калган
чагымда, ушуну кыйытып калчу. Ал өзү да Рузада жарым
жылча немистердин оккупациясында калган, баары эсинде
болчу. Ал мени нотага үйрөтүп, музыка бөлмөсүндө
экөөбүз калган учурларда, сөз музыкалык сабаттын
алкагынан чыгып кетер эле.
Вава, Вава! Көз алдымда байкалбай карып бараткан,
жан-дилибиз жакын, боор этимен артык көргөн ушундай
адам энем болуп калганда эмне! Баарынан кызыгы, эч
качан менин жанымда энем болгон жок, а Вавада бала
болгон эмес. Анын жетим балдарга жакын болуп
калгандыгынын себеби жалгыздыгынан болбоду бекен?
— Андрюша, — дечү ал мага, — сен, албетте,
таштанды болуп калганыңа арман кыласың. Мен сени
тушүнөм. Арман кылбай коесуңбу. Бирок андан сага
жеңил боло калбайт. Андан көрө сен өзүңө сырттан көз
жиберип көрчү. Ошондо сен башка нерсени көрөсүң. Эгер
мен жаңылбасам, Андрюша, Кудай сага чоң жөндөм
берген. Ак сөзүм! Ушул айтканымды качандыр бир
эстээрсиң. Сенин акылың тунук, өтө жөндөмдүү баласың.
Мына бул музыканы эле алалы, сенден мыкты музыкант
чыгышы мүмкүн. Бирок ким болууну өзүң чечерсиң.
Музыка өзүң үчүн, а элге башка ишиң менен кызмат
кылышың мумкүн. Мына мектепти бүтүрүп, окуунду
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

улантасың, өз жашооң өзүңдө болот. Анан ушул
жөндөмүң менен, Андрюша, ак жолуң ачылат, Сага эч
нерсе жолто боло албайт. Ооба, сенин энең жөнүндө эч
нерсе белгисиз дейли, бирок сенин атаң ким экендиги да
таптакыр белгисиз эмеспи, жана баласынан аша кечип,
житип кетүүгө энеңе эмне түрткү болду, аны эмне
мажбурлады, айтуу кыйын. Эмне болгон күндө да, менин
оюмча, сен аны күнөөлөбөшүң керек. Жок, энени жек
көрүүгө болбойт, мейли ал күнөөлүү болгондо да жек
көрүүгө болбойт. Сен капа болбо, бирок мен: сен ага
ыраазы болушуң керек демекмин. Ооба! Сен таң калба.
Бирок өзүң ойлоп көрчү, Андрюша. Сенин укмуштай
жөндөмүң энеңден, сенин атаң менен энеңден, сенин бул
жөндөмуң тукумуңдан, энеңден жана энең аркылуу алдың.
Сени таштап кетүү үчүн ал башынан эмнелерди
өткөргөнүн эч ким билбейт. Бирок ал ушуга баргандан
кийин, демек анын башка аргасы калган эмес. Бул, демек,
сени аман сактап калуунун жападан жалгыз мүмкүнчүлүгү
болсо керек. Эмне үчүн экенин айта албайм. Билбейм. Эч
ким билбейт. Бирок энеңдин башка аргасы
калбагандыгына, сени ушинтип гана аман сактап калышы
мүмкүн болгондугуна ишенем. Ооба, зор тобокелчиликке
барган, бирок мына, сен аман-эсен жүрбөйсүңбү.
Башкасын билбейм, бирок балдар үйү деген биздин
өлкөдө куру сөз эмес. Өзүңөн эле байкасаң болот. Дале
болсо бул дагы энеңден, энең аркылуу, сенин өңү-башың,
бой-келбетиң, сымбатың да кудайга шүгүр. Сага көп нерсе
жаратылыштан, демек, энеңден келген. Менин сага берер
кеңешим: энемдин башка аргасы калган эмес экен деп
жүр. Эр жеткенде дагы көп нерсени түшүнөсүң.
Жылдар өткөндө Вава ачык талкуулоого болбой
турган, кандайдыр бир бөтөнчө жагдайды кыйыткандыгын
students.com. kg 251түшүндүм. Ал өзүнүн баамына канчалык ишенгендигин
айтуу кыйын. Бир нече жылдан кийин, мен Москвада,
университетте окуп жүргөн кезде, Вава көз жумду.
Ошентип Ваванын капысынан кыйыткан бир сөзү, эч
кандай, же аныктоочу, же четке кагуучу фактысы жок
жоромолу менин эсимде түбөлүк кала берди.
Мен тогузунчу класста окуп жүргөндө биздин
жаныбыздагы Малеевка деген поселокто чоң кырсык
болду. Бир аял он жетиге келип калган кызы экөө өз
жандарын өздөрү кыйышты. Энеси асынып өлдү, анын
артынан кызы да ошону кылды. Алар экөө эле болчу.
Энеси композиторлордун чыгармачылык үйүн жууп-
тазалоочу, кызы мектепте окуп, бой тартып келаткан,
бирок аял бул кызын немис аскерлери Подмосковьеден
чегинип кеткенден жарым жылдан кийин төрөгөндүгүн
бардыгы билишчү жана ал аял кызын немис солдатынан,
мындайча айтканда, баскынчыдан, оккупанттан,
фашисттен жана башка ушул сыяктуудан төрөгөндүгү эч
кимге жашыруун эмес болчу. Кошуналары аялга күн
көрсөтүшчү эмес, мектепте кыздын укпаган шылдыңы жок
болчу.. . Бул кайгылуу окуяга эси эңгиреген Вава ошол
күнү бир кызыктай кобурады, мүмкүн ага өзү да маани
берген жок көрүнөт, бирок анын сөздөрү менин көңүлүмө
«тык» дей түштү да, түбөлүккө сакталып кала берди:
«Эмгиче муунум токтой элек, Наталья, — деди ал
тарбиячылардын бирине. — Эмне деген шумдук!
Ушунчалык ырайымсыз өлүм болобу! Энеси да, кызы да
өз жандарын өздөрү кыят деген эмне шумдук... Адамды
ушундай абалга жеткиргендерин карабайсыңбы! Булардын
кылган күнөөсү кайсы?! Ооба, согуш деген согуш, анын өз
эсеби бар. Согушта кан агат, кишилер өлөт. Бирок
ушунчалык ырайымсыздыкка, басмырлоого, кордоого,
students.com. kg 252ызырынууга болобу?! Мейли эми, болуп кетиптир, шордуу
неме немистен төрөп коюптур. Болору болуптур да. Анын
эмнесине эле мынчалык кастарын тигип калышты, эмне
деген жапайычылык? ! А кыздын күнөөсү эмне?! Анан
калса ата менен энени эч ким тандап албайт, Кудай кимди
берсе — ошол болот. Алар кайсы күнөөсү үчүн асылып
алышты? ! Эмне, энеси эптеп эле баласы эл катары болсун
үчүн бирөөнүн эшигиние алдына таштап салып, өзү болсо
ың-жынын билдирбей, жер жутуп кеткенсип, көздөн
кайым болуп, тирүүлөй өлсө жакшы болот беле...»
Ошондон бери маалы келгенде жумурткадан чегилип
чыккан жөжөдөй болуп, көңүлүмө бир ой кылт деди да
калды; а балким, менин атам да дал ушунун өзү болсочу,
анан энем бечаранын ымыркай баланы эшиктин алдына
таштай салып, өзү түбөлүккө, кайра кайрылгыс болуп
көздөн кайым болуудан башка аргасы калбасачы...
Мен мындай нерсе кандай шартта, кантип мүмкүн
болорун көз алдыма келтирүүгө аракет кылдым. Ар кандай
ой жорудум, ар кандай чечмеледим. Ошондо аңгыраган
ээндикти, жалгыздыкты, жармачтыкты сездим. Мындай
абал чалкыган деңизде кеменин сыртында калган адамда
болушу мүмкүн...
Кеме кыйкырганыңа, чакырганыңа карабай, караан
үзөт, айланаңда жан жок, толкундар, деңиз гана. Жээк да
жок. Бирок аны бул деңизге кимдир бирөө таштап кетти
да?! Ким?
Ушул суроого жооп алгым, билгим келди, муну эмне
үчүн билгим келди, анын эмне мааниси бар эле,
түшүнбөйм. Ырас эле ал мага эмне бермек? Эч нерсе.
Бирок ушунчалык билгим келди: эгер чынында эле немис
солдаты менин атам болсо, ал кийин эмне болду экен?
Анан башыма капысыпан баео, сандырак ойлор келчү:
students.com. kg 253эмне үчүн ал менин атам болушу керек эле, ким аны
сурады, мени төрөтүп коюп, анан житип кетүү үчүн бүт
Европаны басып өтүп кел деп аны ким сурады? Ооба,
өзүңдүн тегиңди билгиң келет, бирок биле албайсын,
ойлоно бересиң. Мени тууган энем кайда кеткенин билгим
келет. Ооба, ошол немис солдаттын, менин атамдын
тагдыры эмне болду экен, тирүү калды бекен, же курман
болдубу; а балким тирүү, сак-саламат Германиянын бир
жеринде бул жарык дүйнөдө кырк экинчи жылы балдар
үйүнүн крыльцосуна таштап салынган уулу бар экенинен
капарсыз жүргөндүр... Мына ошол уулу менмин. Анын
болсо иши да жок... А кокус кереметинде сезип-билип,
келип калсачы?! Мына мен келдим, менин уулум кайда?
десе. Ошондо эмне болмок? Бирок бул куру кыялдын
кереги эмне? Баары ошондой болгон күндө да ага, бул
немиске бир түкүрүк сыяктуу унутулган ошол окуянын
эмне кереги бар, ал эмнеге азап чекмек эле?..
Мына ушуга окшогон опсуз, акылга сыйбаган ойлор
башыман чыкчу эмес. Анан ушундан улам ойго эмне гана
келбесин, адам тагдырларынын айры жолу сөзсүз согуш
болуп берген. Ошентип, ата-энелери турмуштун
туңгуюгуна түшүп кетип жоголгон согушта бойго бүткөн
балдардын трагедиясы келип чыккан. Ал туңгуюктан
ызгаардын, жатыңкыроонун, четтөөнүн, жек көрүүнүн
илеби согун турат. Анан ошондо менин көңүлүмдө менден
айырмаланып, бардык «нормалдуу туулгандарга, дүйнөгө
ичтен каршы туруу сезими пайда болор эле, аларга,
жарыкчылыкка жакшы жол менен келгендерге өзүмдүн
анык артыкчылыгымды далилдегим келчү, коом менин
бөтөнчө инсан экенимди көрсө, менин көсөмдүгүмдү
көрсө жана менин даанышмандыгымды мойнуна алууга
мажбур болсо деп ойлочумун, күчкө күч менен,
students.com. kg 254жамандыкка жамандык менен жооп берүүгө дайыма даяр
тургум келчү...
Турмуштун жолуна мен мына ушундай ой-санаа менен
чыккам. Мен бул дүйнөдө жападан жалгыз, коколой баш
экенимди эсимден бир да жолу чыгарчу эмесмин. Менде
ата да, эне да, ага-ини да, эже-карындаш да, жеңе да, жээн
да, таяке да — эч ким жок болчу. Мен асмандан түшө
калгандай болгон жан элем. Балким мага дал ошол шыпаа
болду окшойт... Ооба, мен укмуштай илимий мансапка
жеттим, мен өзүмдү баш-отум менен илимге бердим,
ошонун өзү тандап алган багытымда улуу ачылыш
жасоого — жупунуланбай эле коёюн — мүмкүндүк берди.
Ооба, бул ырас! Мен илимге кызмат кылдым, а илим мага,
менин даңкыма, менин манчыркоомо, менин абалыма,
менин жанымдын жайлуулугуна кызмат кылды...
Анан ушунун баары келип, мени космоско, орбиталык
станцияга алып келди — ушул тагдырга туш кылды. Анан
мен өзүмдү өзүм космостун монахы деп атап алдым. Бул
менин аргасыздыгымдын ашкан чеги болду. Мага жерден
жай табылбайт, мен аны түшүндүм...
Анан тагдыр мага жашап өткөн өмүрүмдү, баштан
кечиргендеримди ачык жазгыдай сейрек кездешүүчү
мүмкүнчүлүк бергенин жана мени космоско качырган да
ошол экендигин мен ушул жерден, космостон, түшүндүм.
Анан ошондо мен өзүмө: сен болгондун баарын
сабырдуулук менен түшүнүүгө, бардыгын өзүңө жана
башкаларга айтып берүүгө милдеттүүсүң, дедим.
Жансырдын маңызы ушунда — өзүңдү аябашын керек.
Баарын болгонун болгондой, түгөтө айтуу керек.
Дегинкиси бул окуялардын бардыгы болор-болбостон
— мен бойго бүтүүнүн жана адамдын жарыкчылыкка
келишинин купуя сырын изилдөөнүн артынан түшүп
students.com. kg 255алган мединституттагы семинардан башталды десе
болчудай. Менин талуу жериме тийген бул теманы
күнүмдүк турмушумда эч ким менен эч качан сөз
кылбасам да, анын үстүнө менин чөйрөмдө мындай сөздөр
эч качан козголбой тургандыгын да баса белгилегим келет,
ошентсе да мындай кызыгууну менин аң-сезимимдин
түпкүрүндө сакталган таштандымын деген айыкпас жара
козгогон болуу керек.
Мен өзүм менен иштегендер үчүн баарыдан мурда
илимий жетекчи катары, катаал шеф, жогорку
бийликтегилердин колдоосуна ээ кадыр-барктуу адам
катары маанилүү болсом керек деп ойлойм. Жашырганда
эмне, мен адам баласынын каргыш тийген пендечилигине
жат эмес болчумун, мен мансапкорлуктан жана
менменсинүүчүлүктөн жат эмес болчумун. Мен дайыма
өзүмдүн да, өзгөнүн да көзүнө көрүнүүгө, өзүмдүн кадыр-
баркымды бекемдөөгө аракеттенчүмүн. Менин аркамдан:
«Биздин гендик!» — деп шыбырашып калганда, ал дегеле
«биздин генеральный директор» дегенди билдирчү эмес,
ал «биздин гениальный диктатор» деген сөздөрү эле. Мен
ага кенедей да оңтойсузданчу эмесмин, тескерисинче.
Муну түшүндүрүү кыйын, бирок бийликти ак эткенден так
этип самоо, чаңкап көздөө — чынында эле адамзат
пендесинин акыл жеткис табышмактарынын бири, жана
мен дагы өкүм жүргүзүүнү эңсечүмүн, тартипти талап
кылчумун, өзүмдүн «жабык» лабораториямдын
кызматкерлеринен, кийин, директор болгон соң,
институттун кызматкерлеринен да кыңк этпей баш ийүүнү
талап кылчумун; талант жана тартип — кадрларды
талдоодо менин карманган принцибим ушул болчу.
Мына ушундан улам мен экспериментатор катары,
биологияда жаңы, күтүүсүз багыттын тайманбас
students.com. kg 256баштоочусу катары көңүлдүн борборунда болуп турган
ошол мезгилде, мен илимде эле атым чыкпастан,
уюштуруучу, жетекчи катары да кадыр-баркка ээ болуп
калган элем. Ооба, менин жолум мансапка шыр ачылды,
кийин байкасам ал кызыккан инстанциялардын да
жардамысыз болбоптур, бирок ал өзүнчө сөз болуучу
нерсе; мен болсом, ийгиликке шерденген жаным, илим
талаасынын үстүнөн, күчүн топтоп алып, алды-артын
карабай учуп бараткан бал-аарыдан бетер, учуп бараттым;
мурда эч кимдин акылына келбеген ойлордун жетеги
менен, бул жагынан түбөлүктүүлүктүн технологиясынын
авторун — Жараткан Эгемдин өзүн да — четке сүрүп
салууга даяр турган мен улам бир ачылыштан экинчи
ачылышка учуп бараттым. Анан калса, мейли илимий
эксперименттердин чегинде болсо да, Жараткандын
жарыкчылыгына ким туулаарын, алардын уругунан мен
эмне жаратарымды, алар аны каалайт беле, жок беле, ага
карабай, эгер билгиңер келсе, мен жеке өзүм чеччүмүн...
Азыр эми өзүмө: сенин менменсинүүчүлүгүн да
ушундан! деп айткандыгым таң каларлык эмес. Айтып-
айтпай эмине, мен чынында эле адамдын бойго бүтүшүн
жана төрөлүшүн башкара билгендигиме акылымы
алдырып койгон экемин.
Жасалма уруктандыруу жолу менен жашырын
төрөлгөн адамдарды жаратуу жөнүндө ой биринчи жолу
малды жасалма уруктандырууга салыштырмалуу келип
чыккан. Зоотехникада бул дайыма актуалдуу маселе болуп
келген. Адам өзүнүн чарбалык таламдарына ылайык
малдын тукумун өзгөрткөн.
Анан калса илим таануу максатында гана эмес,
башкаруу үчүн, тагыраак айтканда, адамдын төрөлүшүн
манипуляциялоо үчүн адамды жасалма жол менен жаратуу
students.com. kg 257маселесине киришүү менен эксперименталдык биология
мындан канча алыска кетти!..
Ооба, илимдин караңгы коңулунан жаалдана учуп
чыккандыгым кандайча болуп кеткенин мен азыр
баамдоого аракеттенем; илим болсо өзүнүн жеке
маңызынан башканын баарына кайдыгер, бирок бул адеп-
ахлактын чегинен алыс чыккан, адам баласы үчүн
коркунучтуу ишке алды-артымды карабай киришип
кеткендигимди мен анда ойлогон эмесмин. Мен үчүн, ал
кезде жаш илимпоз үчүн, жападан жалгыз критерий —
илимий жактан артыкчылык гана — бар болчу. Ошентип
илимдин салтанатынын урматы үчүн мага чейин бир да
адам кадам жасоого батынбаган жакка, бардык диндер
үчүн тыюу салынган зонага кадам таштадым; босогосуна
жетип, Кудай алдында таазим кылуунун ордуна, мен
текеберчилик менен каалгасын тепкиледим.
Мына сенин кирип кеткен жагың! Анан күндөрдүн
биринде сени институттун парткомуна чакырып, өтө
сылык-сыпаа, жакшы ниет менен, ал турсун үзүлүп-түшө
кечирим сурануу менен сага сенин эмгектериң мындан
ары жашырын деп эсептелерин, сенин баалуу
изилдөөлөрүң жөнүндөгү материалдар басма бетинде, чет
элдик басма бетинде андан бетер, ачык жарыяланбашы
тийиш экендигин кабарлаганда, сен ошондо да буга маани
бербедиң.
А чынында бул сенин танабыңды тартуунун
алгачкысы эмес беле! Келечектеги заказчылар сенден
өздөрүнө керектүү аткаруучуну сомдоп жаткан. Сен үчүн
болсо башкасы маанилүү эле — «алдыдагы ишти аткаруу,
илимди алдыга жылдыруу».
Чынын айтканда, сен биологиялык тозоктун
Мефистофели болчусуң. Сергек акыл, аналитикалык
students.com. kg 258баамчылдык — сен баарынан жогору койгон
окумуштуунун сапаттары мына ушулар. Мына ушул
каргашалуу жолдо ушунчалык ээ-жаа бербеген күч-кубат
жумшоого сени эмне түрттү — сен өзүңдүн ролуңду
актоочу себеп издебедиң жана алды-артыңды да карагың
келген жок. Баарынан мурда таштанды бала эч кимди
алдына салбаган, кылымдын генийи болгусу келгенин ким
билиптир? Карандай илимий проблемаларга баш-отуң
менен кирип кетип, сен жакшылык менеи жамандыктын
ары жак тарабында калганыңды өзүң байкаган жоксуң,
адамдардын, өз осуяттарынын жаратуучулары менен
туткундарынын түбөлүк тартып келаткан азап-тозогуна
үңүлүүгө эмгек коротподуң. Кылымдар бою жашоо
маңызын издөө менен алек болуп келаткандарга сен
кайдыгер карадың. Ал эми улуу философ Лосевдин, сенин
мекендешиңдин, сенин замандашыңдын адамзат
тарыхында илимдин ролу жөнүндө ой жүгүртүп жатып
айткан, атайын сен үчүн актуалдуу сыяктанган оюң сен
өзүңдөн оолактата түртүп койдуң. Лосев, анткен менен,
коомдун жана маданияттын чексиз прогресси жөнүндө
жаңы европалык окуунун нигилизмине карата мындайча
жазган: «европалык парадигмага ылайык, бир да доор өз
алдынча мааниге ээ эмес, а болгону башка доор үчүн
даярдык жана жер семирткич, андан кийинки ар бир доор
да өзүнөн өзү мазмунга ээ эмес, анан ал дагы — кийин
келчү доор үчүн, демек бардык болочок доорлор үчүн, кык
жана кыртыш; мүдөө болсо дайыма жана сөзсүз улам ары,
чексиз мезгилге жылдырылып олтурат да, ошонусу менен
улам жаңы эдемдерди жарыялоочуларды актап жүрүп
олтурат». Лосевдин бул терең ой жүгүртүүсүн сен өзүңдүн
колуңдун ээн-эркиидигин камсыз кылууга, жеке өзүңдүн
жоопкерчилигиңди кийинки муундарга жүктөөгө
students.com. kg 259умтулушуна жараша чечмеледиң. Сенин миссияң
—«илимди жылдыруу», ачылыштарды жасоо, ал эми
алардын натыйжасын болсо башкалар чечсин деп
ишендирдиң өзүңдү. Сенин ишиң — инкубатордук
жатында урук өстүрүү, ал эми жасалма жол менен
жаратылган адамдар эмне болсо ошол болсун — сага
тиешеси жок.
Азыркы күнүмдүк турмушта: «Ал сиздин
проблемаңыз» дегеи адепсиздиги ашкере сөз тарап кетти.
А сен болсо ошондо эле ушул принципти карманчусуң,
бойго жасалма бүткөндөрдүн тагдыры жөнүндө өз
оппоненттериңе: бул ошолордун өз иши, алардын жеке
проблемаларын өздөрүнө калтыруу керек, деп жооп
берчүсүң. Социалдык абалдын көз карашынан алганда,
башкалар менен бирдей шартта туулган алардын, икс-
бойго бүткөндөрдүн алдында, башкалардай эле өздөрү
жөнүндө өздөрү ойлоо керектиги турган. Булардын
бардыгынын илимге эч кандай тиешеси жок, деп
эсептедиң сен. Жасалма бала туудуруунун
технологиясынан тышкары тургандардын бардыгы сенин
тынчыңды алчу эмес.
Ооба, сен ушундай болчусуң. Балким өзүңдүн илимий
иштериңде сен чынында эле дүйнөлүк ачылыштарды
жасоого жана илимдин андан аркы өнүгүшүн
прогноздоого жөндөмдүү гений болгондурсуң. Бирок
сенин бардык кылган иштериңе баягы таштанды бала
багыт берип турчу. Сен аны мойнуңа алчу эмессин, бирок
качандыр бир кезде босогого ташталган таштанды бала
болбос нерсени болтурам деп — күн мурунтан
программалаштырылган адамдардын туулушуна өкүм
жүргүзөм деп — бүткүл дүйнөгө далилдөөгө дайыма
жулунуп туруучу. Сен лабораторияңда ушул тагдырларды
students.com. kg 260чечтиң, сен башка эч ким батынбаган жана билбеген
нерселерди жасадың — сен өзүңдүн оюң жана иш
графигиң боюнча колдо конструкцияланган адамдарды
жасап чыгардың, сен адамдарга жүргүзгөн көзгө көрүнбөс
бийлигине магдырап жыргадың, сен акылыңдан адаштың.
Анан эки иштен бир иш деп сен бүткүл дүйнө
геосаясаттын масштабында башынан өткөрүп жаткан жана
жетишкен нерседен - XX кылымдын апокалипсисин
сезүүдөн өзүнө актануу таптың. Анан калса термоядролук
ачылыштардын үрөй учурар туңгуюгу алдында эч ким
илимдин атырылып бараткан атын тизгиндеп токтоткон
эмес, ошол областта аракеттенген окумуштуулардын эч
кимиси кайра артына кайрылган эмес, жайдакталышы
тиричиликке эбегейсиз зор коркунуч алып келе жаткан
дүйнөнүн ажалга арбалган негиздерине кабылбас үчүн,
өзүнө өзү каршы чыккан эмес. Илим стратегиялык
максаттардан улам ысымсыз калган, бирок мезгил өткөн
соң атом бомбалардын атасы деп жарыяланган, өмүрүнүн
аягына жакындап келе жаткан сайын белгисиз калбас
бекемин деп ошончолук көбүрөөк санаа чеккен ажыдарды
бүткүл дүйнөлүк даңкка бөлөп, ачылыштардын
гениалдуулугунун жана аракеттердин кылмыштуулугунун
ортосунда камырабай тең салмактуулукту сактап келди.
Анан алардын илими алгалай берди. Анткени
окумуштууларга атомдун тереңине сүңгүү маанилүү
болучу, эч нерсеге кылчактабай жана эч нерсеге карабай,
адам баласынын чабалдыгына карабай, аларга ааламга
татырлык күч-кубатка ээ болууга мүмкүндүк берүүчү
ошол азезилдин күчүнө тезинен ээ болуу маанилүү эле. Ал
эми бул илимий идеялардын фанатизминен келип чыккан
өлүм коркунучуна келсек, ядерщиктердин
students.com. kg 261ачылыштарынын болбой койбоочу натыйжаларына
келсек, анда бул азап-тозоктор кийинки урпактардын
мойнунда калтырылмак. Аталарынын жин ургандай
ачылыштары үчүн ошолор азап чекмек, эмне кылуу керек,
өз керектөөсү үчүн мындан ары материяны кандайча
трансформациялоо керек, — аны мына ошолор ойлонуп,
ошолор чечишмек. Азырынча баары жайында болчу... Сен
ошондон үмүттөнгөнсүң. ..
Ооба, адамдын алдында жаратылыш эч кандай жооп
бербей тургандыгы сыяктуу эле, окумуштуу өзүнүн
изилдөөлөрүнүн натыйжасы үчүн жооп бербесине сен
бекем ишенчүсүң. Ошентип сенин өзүңдүн жогорку
милдетиңе болгон мессиандык ишенимиңди козгоого эч
кимдин күчү жетмек эмес, сени эч нерсе сүрдөтө алмак
эмес.
Ооба, сен ошол бөтөн көздөн жашырын илим
дүйнөсүндө жанган жылдыз элең. Сенин аялың Евгения
күндөрдүн биринде сенден кара тумоодон качкандай
качып, областтык театрларды кыдырып кеткенден кийин
да, ага театрлардан кайгылуу карган аялдардын ролу тийсе
тийип, тийбесе жок, ал сени менен жүрүп көргөндөрүнүн
жана башынан өткөргөндөрүнүн баарынан кийин,
капысынан өтө тез карып кетти, ошентип аялың качып
кеткенден кийин да сен эсиңе келбедиң, селт этпедиң, туш
тарабыңа көз жиберип, анын артынан чуркабадың,
баарынан да аялыңдын көз алдында ушунчалык
коркунучтуу көрүнгөн нерсе эмне экенин сын көз менен
кароого аракеттенбедиң. Евгения сенин изилдөөлөрүңдүн
маанисин дароо биле албады, сенин эксперименттериңдин
маңызы эмне экендигин дароо элестете албады. Ал
илимий кызыгуудан алыс болчу, башка стихияда —
искусство стихиясында — жашачу, бирок сага жакын
students.com. kg 262болчу, сени менен көп жылдар бою бирге жашады, сенин
көргөн- бакканың жалгыз ишиң экенине ал чыдады, ал
турсун сен аны дайыма өзүң аборт жасап турганыңа да
чыдады, кийин ал жөнүндө сен катуу өкүндүң, анткени
сен өзүңө нормалдуу аялдын болбой койбос
жийиркеничин туудуруп, үй-бүлөнүн ырысын
кыркканыңды түшүндүң, ушунун баары сени токтоткон
жок, сен: илимге баш-оту менен кирип кетип,
башкалардын, баарынан мурда сени сүйгөн аялдын
сезимдери жана ойлору менен эсептешпей койгонум
туурабы, деп ойлонуп да койгон жоксуң. Сенин изилдөөң
эмне экенин, жылдар өтүп эмнеге келгениңди жана
көздөгөн максатыңды билгенден кийин, ал сенин алдыңда
тизе бүгүп ыйлады, баарын таштап, Москвадан алыс бир
жакка, Ыраакы Чыгышка кетип калалы, деп жалынып-
жалбарды, ал жакта да илимий борборлордо иш толтура,
ал жакта да профессура Москвадагыдан жаман акы албайт,
ал жактагы театралдык чөйрөдөн өзүм да орун таап алат
элем, жаңы турмуш баштайлы, бала күтөлү деп зарлады,
бирок сен аялыңдын айткандарына көнгөн жоксуң, өзүң
айткандай, сенин эксперименттериңдин алдында анын
баёолук коркоктугу, анын сантименттери сага таасир
бербеди, сен сага ишенип берилген ишти таштагың
келбеди. Кийин канчалык өкүнгөнүң менен, канчалык
бармагыңды тиштегениң менен, кеч болуп калды...
Турмуш бир орунда турбайт жана артына кайрылбайт. ..
Сенин менменсинүүңдө чек болбоду. Евгения акыры
кетип калды, бирок сен ага мынча кайгырып эмне кылам,
башкасын табам, мына бир аз колум бошой калса, эки
жакка көз жиберем — айлана-тегеректе аял деген көп —
сөзсүз өзүмө жакканын, эң башкысы моралдык комплекси
жок, сенин ишиңдин адеп-ахлак жагынан көп эле шектене
students.com. kg 263бербегенин тандап алам деп ойлодуң. Ошентип ал аялды
өзүңдүн жанында ошондой эле атомщиктердин
чарбактары жайгашкан тандалган адамдар үчүн арналган
«феодалдык» бульвардагы академиялык чарбагына алып
келесиң. Бирок орундалууга толук мүмкүн жана кол
жетерлик болуп көрүнгөнү менен, алардын бири да
ордунан чыккан жок. Анын үстүнө жаңы жагдайлар
чыгып, анын баарына чамаң жетпеди, мына ошолор сенин
кийинки жашооңду жана кийин космоско, орбиталык
станцияга кетип калууга, өзүңдү космостун монахымын
деп жарыялоого мажбурлаган шарттарды аныктады.
Ал учурда сен академия чөйрөсүндө жетишерлик
белгилүү инсан болчусуң жана илимди тейлеген саясий
органдардын бөтөнчө назарынан пайдаланып калгансың.
Калыстыкты айтуу керек, бул жагынан КПСС БК
тиешелүү деңгээлде болуп чыкты. Ошондой экендигине
сен өз тажрыйбаңдан нечен ирет көзүң жеткен. БКнын
көзүнүн түздүгүнөн эч убарасыз жана «айттыруусуз»
сенин институтуңа, баарыдан мурда сенин белгилүү
лабораторияңа, каалаган фондулар менен артыкчылыктар
берилип турду. О, жогорку бийликтегилердин мээримине,
ак сарайдын жайдарылыгына, ак сөөктүк алпейимдикке
адам кандай гана тез көнөт. Дүйнөдө дайыма эле ушундай
болду беле жана дайыма эле ушундай болобу, деп
сурайсың сен азыр өзүңдөн. Мисал издеп алыс чуркоонун
кереги жок. Илимдер Академиясынын Президенти,
жетектөөчү атомщик, телефондон жана жеке сүйлөшө
келгенде эсиңе салууну унутчу эмес: «Андрей Андреевич,
кудай үчүн, эмне керек болсо айтып туруңуз. Ишенимдүү
иштеңиз, сиздин программаңызды өлкө зарыл
нерселердин баары менен камсыз кылууга даяр. Эмне
керек болсо,— импорт жабдуулар, препараттар,
students.com. kg 264кызматкерлерге турак жай, транспорт, кыскасы эмне керек
болсо баарын,— сураңыз, тартынбаңыз. Сиз өтө маанилүү
иш жасап жатасыз...»
Дуйнөнүн жарымына созулуп жаткан бүткүл өлкөнүн
атынан делген мындай комплименттерден (мындай
жоомарттыктан сен оңтойсузданар элең; карандай илимий
эксперименттер функционерлерди улам көбүрөөк
кызыктырганы, алардын капысынан тарп аңдыган
жорудай айланганы сени уялтчу, бирок сен унчукчу
эмессиң, жок, сен ийилип-жүгүнүп ыраазычылык
билдирчү эмессиң, бирок сен каршы болчу да эмессиң,
жана сени жогорку жетекчилерге өтө кызык көрүнгөн
кандайдыр бир таң калтырчу долбоордун баш тартпас
аткаруучусу катары карабоо керек экендигин айтууга
аракет да жасачу эмессиң. Ооба, өзүңдү өз маалында
токтотууң керек болчу, кийин түшүнүктүү болгондой,
сенин шексиз лоялдуулугуңа ишенүүгө негиз бербөө керек
эле... Бирок сен же чабал, же принципсиз, же көңүлуңдө
мансапкорлукка, бийликтегилерге жасакерчиликке жат
болбосоң керек. Ошондуктан ойлонуштурулгандан тартып
кош маанилүү илимий программаны жетектөөнү дал ушул
сага тапшыргандыктары өзүнөн өзү түшүнүктүү болуп
калган жокпу. Ал «Жыныстардын эмбрионалдык жөнгө
салынышы» деп аталчу, бирок анын негизги максаты
жашырын туулуучу индивиддердин тукумун жаратуу
усулун иштеп чыгуу эле.
Мындай иш дүйнө жузүндө болуп көргөн эмес. Анан
жаратылыштын кыймылына туурадан чуркап чыккан
каракчыдай болуп, сен ушул ишке аралаштын.
«Иксроддордун», аты жашырын ата-энелерден аты
жашырын аял тууган — башкача айтканда, жашырын
өндүрүлүп чыгарылган адамдардын тукумун чыгаруу —
students.com. kg 265сенин жашырын лабораторияңдын башкы мүдөөсү болуп
чыкты.
«Иксрод» деген термин — сеники эмес, аны ар кандай
сөздөрдү ойлоп тапканга маш илимдин партиялык
кураторлору чыгарышкан — көп өтпөй, өзүнчө эле бир
революциялык дегенге жакындаган пароль болуп калды,
анткени иксроддорду лабораториялык жол менен
чыгаруунун максаты таптакыр жаңы адамдын түрүн,
идеологиянын келечектеги рыцарларын калыптоо эле.
Иксроддор XXI кылымдын берилген революционерлери
болуп калышмак. Көздөгөн максат ушул болчу. Мындан
партиялык төбөлдөр өлүп бараткан дүйнөлүк
коммунисттик идеологияны жандандыруунун жана
реставрациялоонун жаңы ыкмасын көрүшкөн. Анан,
мойнуңа алсаң, сенин кулагың көп өтпөй «иксрод» деген
жаңы сөзгө, ал эми көңүлүн — сен жасап жаткан ишке
көнө баштады, сен анткен менен, сенин эксперименттериң
— бул илим, ал эми анын натыйжасы — сенин проблемаң
эмес, дегенге өзүңдү ишендире алдың.
Токто! Шашылба. Бул жерден баарын өз-өз ордуна
коюп алуу керек. Ооба, адамдын жаңы тибин чыгаруунун
алысты болжогон программасын эске алып, «иксрод»
деген терминди инстанция сунуш кылгандыгы
түшүнүктүү. Бирок эң башында, программанын
стратегиялык максаттары жөнүндө алгачкы ирет сөз
болгондо сен каршы болбодуң, баш тартпадың, четке чыга
бербедиң. Сени жаңы Дарвин деп атап коюшкандары жана
цивилизациянын тарыхында бул кулак укпаган программа
сенин теориялык жана практикалык иштериңден, бул
маселе боюнча сенин божомолдоруңдан келип
чыккандыгы сени анча оңтойсуздандырбады. Анан
иксродордун тукумун чыгаруу боюнча программанын
students.com. kg 266илимий жетекчиси болгун деген сунушка сен дароо эле
макул болбогондугуң барып турган табигый иш
сыяктанды, сен ойлонуп көрөйүн деп убада бердиң, бирок
— баш тартпадың! Анан калса баш тартыш керек беле,
деле баш тартуу мүмкүн беле? Жалгыз таруу ботко
болбойт эмеспи. Сени ал кезде кадырлап улам-улам
чакырып турушчу, ошондуктан бийлик башындагылардын
оозунан чыккандарды так кесе четке кагуу деген таптакыр
мүмкүн эмес але.
Чынында эле ошондой болду. Ошол эле күнү,
Илимдер Академиясынын сунушуна сен ойлонуп көрөйүн
дегенде, сен Эски аянтка, Саясий бюронун мүчөсү жана
идеологиялык маселелер жана эл аралык коммунисттик
кыймыл боюнча КПСС БКнын секретары Конюханов
Бадим Петровичке чакырылдың.
Эски аянтка сен демейдегидей келдиң, анча көп эмес,
бирок ар кандай себептер менен бул жерге жылына бир
нече ирет келчүсүң. Бул жолу да сен өзүңдүн директорлук
кара «Волгаңда» зыпылдан Москванын көчөлөрүндөгү
агылган элге, чымын-куюн болуп зуулдаган машиналарга
жайбаракат көз жиберип коюп, келип калдың. Эгер алар
сенин кайда жана эмне үчүн келатканыңды билишсе, анда
алар көчөнү туура тосуп алышмак да, машинаңдын
ташталканын чыгарып, өзүңдү ташбараңга алып
өлтүрүшмөк, ошондо бул эч кимди таң калтырмак эмес,
Кудай булардын каарын кечирмек.
Түштөн кийинки Москва, демейдегисиндей, элге жык-
жыйма болчу, бөтөнчө шаардын борборунда. Алар
туюнуштубу жокпу, бирок алар үчүн ошол саатта бардык
тиричиликтин проблемасы бир нерсени издөөдө, ой-
санааларынын баары бир нерсе алууда, бир нерсеге
жетүүдө жана ушуга байланышкан тынымсыз аракеттерде
students.com. kg 267болду. Бирок алардан анча алыс эмес жерде кимдир бирөө
Жаратылышка, Тарыхка, Кудайга, адамдарга, мүлдө
бардыгына каршы туруучу кандайдыр бир иш
ойлонуштуруп койгондугу, ошол иштен кийин дүйнө
башкача, кайрадан жаратылгандай болуп калары алардын
эч кимисинин башына көз ирмемге да келген жок. Бул
оюн ишке ашырууга толук мүмкүндугу бар ал адам ошол
эле учурда мизилдеген автомобилде аларды жандай салып
жылжып өтүп баратты, жана бул адам, үй-бүлө, ата-тек,
муундардын тукум куучулугу деген түшүнүктөр архаизм
болуп калчу, натыйжада ар бири башталышы жана
акыркысы болуп калчу — өзү кайдан жаралганы жана
кимди жаратканы жөнүндө кенедей да түшүнүгү жок
калчу — мезгилди келтирүү үчүн иштеп жатканын
алардын эч кимиси ошол саатта, албетте, билген жок. Бул
милдеттерди үй-бүлөнүн ордуна Мамлекет-Ата аткарганы
жаткан. ..
Жо-ок, албетте, ал глобалдуу программа жеке сеники
эмес болчу. Идеологиялык көрөгөчтүк сени эмес,
башкаларды даарыган, мейли ошондой эле болсун, бирок
тоталитардык мамлекеттин кара ниет күчтөрү аларды өз
максаттарында пайдалануу идеясына сен кызмат кылдың,
сенин илимиң кызмат кылды, сенин эксперименттериң
түрткү болду. Ал жөнүндө сен азыр, бардыгы болуп өтүп
кеткенден кийин айтып олтурасың. Бирок сенин илимий
ачылыштарыңдан кандай практикалык тыянак чыгарса
болорун сен ошондо эле боолголочусуң, ошого карабай,
анын сага түздөн-түз тиешеси жок деп эсептечүсүң да, ал
жөнүндө ойлобоого, тереңдебөөгө аракеттенчүсүң. Көрсө,
эбегейсиз кенен ой бар экен, ал такыр эле куру кыял эмес
экен, сен жасап жаткан иштер эми бийликтегилердин
колдоосуна алынган экспериментатордун илимий оюн-
students.com. kg 268зоогу эмес экен. Сен аны БК га келгенде түшүндүң.
Бул жолу кире бериштен сени Конюхановдун
секретары тосуп алды да, персоналдык лифт менен,
бардык көзөмөлдөөчү күзөттөрдөн жандай өтүп, жетинчи
кабатка алып кетти. Конюханов күтүп турган экен. Ал
эшикти өзү ачып, сени кабинетке чакырды.
— Андрей Андреевич, сизди көргөнүмө
кубанычтамын! — деп көз айнегинен жаркылдай карап,
учурашып калды. Анын алпейимдигинде жасалмалуулук
жок болчу. — Кириңиз. Биз сиз менен анда-санда бир
көрүшөт экенбиз. Келиңизчи, бир аз сүйлөшүп олтуруп,
чер жазып алалы. Сизди келет деп атайын биздеги
күнүмдүк ишти ары жылдырып койдум, кара баскырды.
Ооба, Сиз ырас айтасыз, тез-тез баарлашып турсак болор
эле, Андрей Андреевич. Бирок анын баарына убакыт
керек, убакыт, убакыт! Келиңиз! — Анан секретарына
эскертти: — Эч кандай коңгуроо деген болбосун. Мен —
жокмун.
Алардын бул жолугушуусуна кандайдыр бир өзгөчө
маани берилди деп түшүнсө болор эле. Чынында да
ошондой болуп чыкты.
Конюханов өзүн кармаганды, адамды өзүнө тартканды
билчү. Ал сылык эле, кунт коюп угуп, ойлонуп сүйлөчү.
Кийиминде ашык эч нерсе жок: костюм, анын өңүнө
ылайык галстук, жакшынакай бут кийим. Ашыкча тамак
жеп, ашыкча ичимдик ичпеген, өзүн сынынан бузбаган
адам. Тунук көз айнеги чап жаак жүзүнө жарашып турат.
«Эчкинин сакалын чаптап койсо, Дзержинскийдин өзү
болот! » — деп ойлоп койдуң сен эмнегедир. БКнын бул
секретары жөнүндө пикирлер жаман эмес болчу,
тескерисинче, көпчүлүгү ал жөнүндө кенен ойлонгон адам
катары жакшы айтышчу. Саясий бюронун мүчөлөрүнүн
students.com. kg 269ичинен ал эң жашынын бири эле, элүүгө чукулдап калган,
жана баарынан мээнеткеч деп эсептелчү. Мансапка
дипломатиялык кызматта жүрүп өтө акылдуулук менен
жана артынан сая түшүп жеткен — биз үчүн саясий
жактан бөтөнчө приоритеттүү делген өлкөлөрдө: Түндүк
Кореяда советник, андан соң элчи, Вьетнамда, Кубада
жана Кытайда элчи болуп иштеген, анын эмгеги жогору
бааланган болчу, анан ошол жактан, ошол от күйгөн
жактан аны көтөрүштү, болгондо да, жалпы пикир
боюнча, толук татыктуу жана адилеттүү түрдө. Андан
ары, эл аралык Олимпке — ООН до Туруктуу Өкүл болуп
кеткени жатканда, капысынан Конюханов партиялык
органдарга, алардын жогорку эшелонуна которулуп
жиберилди, мына ошондон бери ал эл аралык
коммунисттик кыймылдын сферасында бүткүл
идеологиялык жана тышкы саясий иштерди башкарып
келаткан.
Конюханов жөнүндө сенин билгениң мына ушулар
эле, эми минтип сен аны башка ракурстан көрүүчү жагдай
келди.
Айтыла жүрчү жалпы сөздөрдөн кийин, маекке
киришүү үчүн ал мындай деп калды:
— Андрей Андреевич, сөздү алыстан баштайын. И-и
дебейсизби, эгер мен, адамзаттын тарыхы көз ирмемде,
алсак, кимдир бирөөнүн башына кандайдыр бир жарк
эткен ой келе калган көз ирмемде, мындайда укмуштуу
бир көз ирмемде деп коюшат эмеспи, жаралат десем,
балким аша чапкандык болор. Жашоодо баары белгилүү
бир убакытка чейин эволюциялык жол менен өнүгөөрү
белгилүү иш го. Бирок кээде капысынан, мындайча
айтканда, революциялык кырдаал пайда болот, коллизия
пайда болот, мына ошондо кайсы бир ой, кайсы бир идея
students.com. kg 270чынында эле дүйнөнү бир заматта аласалдырып
жибериши мүмкүн. Мына азыр дал ошондой учур. Бирок
бул идеянын булагы мендей пендеде экен деп
ойлобосоңуз экен, кудай жалгагыр. Мен бар болгону
кийик аттыруучу жандоочумун.
— Андай учурда мен ким болмокчумун? — деп
жибердиң сен, маектешиң эмненин башын кылтыйтып
жатканын билүүгө аракеттенип.
—Бир аз чыдай туруңуз. Бул жомоктун башталышы
гана. Ансыз иштин маңызына жетүү кыйын. Эмесе ошол
башталышын улантайын. Мен айтканы жаткан нерсе —
революциялык мүнөздөгү тарыхый кадам. Анда Француз
революциясынын учкуну, биздикинин, Октябрь
революциясынын жалыны бар, мен ушундай ойлойм. Бул
ой жүгүртүүнүн абсолюттук эркиндигинин
стереотиптерден толук кутулгандыктын натыйжасы,
бирок бул али Платон айткандын дал өзү, — идеянын
материяга таасири жана материянын социалдык-саясий
идеалга айланышы. Түшүнүп турам, Андрей Андреевич,
сиз азыр, балким, деги эмнени айтып жатат, бул эмне
болгон лекция деп таң калып тургандырсыз. Бирок
кечиресиз, маселе сизге, сиздин илимиңизге түздөн түз
тиешелүү. Ооба, ооба! Таң калбаңыз!
Экөөң арбын кишилер менен кеңешме өткөрүүчү узун
столдун четинде олтурдуңар. Секретарь жука стакандарга
чай куюп келди.
Бул жерге өтө маанилүү, бөтөнчө маанилүү иш
боюнча чакырылгандыгыңды сен түшүндүң, антпесе
мунун баарынын, сөздү мынчалык алыстан баштоонун
эмне кереги бар? Анан сенин тар илимий
эксперименттериңдин практикалык маанисин Борбордук
Комитет эмнеден көргөндүгүн түшүнүүгө аракеттендиң.
students.com. kg 271Анын масштабы сени таң калтырып, сестентип жана ошол
эле учурда өзүнүн өктөмдүгү менен кызыктырып,
акырындап иштин жайы түшүнүктүү боло баштады.
— Мына ушундай, Андрей Андреевич, менин сөз
кылып жатканым да ошол, — деп сөзүн улантты
Конюханов. Ал чылымынын түбүн хрусталь күлдөмөгө
ойлуу басып өчүрдү да, башын серпе көтөрдү. — Балким
мен ашыкча татаалдаштырып жаткандырмын, — деп
жылмайды ал. — Ар кандай кириш сөздөргө көнүп
алыпмын. А биз сиз экөөбүз өз кишилерденбиз, Андрей
Андреевич. Өзбүз. Ошондуктан ачык, колумдан
келишинче кыскарта айтайын. Ошол кыскача айтуу мага
кыйын. Бирок... Биринчиден, эң башкысы, — партия сизге
ишенет, Андрей Андреевич. Ишенет. Анан биздин
алдыбызга тарых коюп жаткан милдет — жалпы
баарыбыздыкы. Ооба, түшүнөм, илим менен саясат —
экөө эки башка нерсе, бирок таптык мамиле кайда
болбосун сөзсүз керек. Биздин, марксчыл-ленинчилердин
кармаган багыты ошол, жана биздин тарыхый
артыкчылыгыбыз да мына ошондо экендиги талашсыз.
Мына сиздин ачылыштарыңызды алалы, колдон жаралган
биологиянын ачылыштары деп коелу, — бул адам
жаратылышына өтө тереңдеп кол салуу эмеспи, бул
чынында, адамдык инсаниятты реконструкциялоо — анын
келип чыгышын, коомдогу ордун жана ролун, ал эми
андан ары жасалма жол менен туулгандардын матрицасы
боюнча бүткүл адамзатты реконструкциялоо
мүмкүнчүлүгү. Башталган иш ташталбайт дейт эмеспи.
XX кылымдын арабасы кайда кеткенин караңыз!
Сизге түшүндүрүп олтурчу мен эмес, бирок бул
мааниден алганда мен Илимдер бөлүмүнүн баасына толук
кошулам — дүйнө бүткөндөн бери мындай болгон эмес.
students.com. kg 272Илим сиздин атыңыздан болуп көрбөгөндөй
кубаттуулукка жетишти. Сизге урмат жана даңк! Бойго
бүтүү менен туулуунун сырдуу стихиясы башкарууга баш
ие турган иш болуп баратат. Ушундан улам ой пайда
болду: муну массалык түрдө жайылтууга аракет кылса
эмне болот? Анан калса бул революция да, азырынча анын
аты жок, бирок бул адамды өзүнчө тукум катары кайра
өндүрүп чыгаруудагы анык революция! Андай болгон соң,
бул процессти башкарууга жана көзөмөлдөөгө мүмкүн
болсо жана ал коомдук турмуштун жаңы фактору жана
тарыхтын жаңы таянычы экендигин билдирсе, анда, макул
болорсуз, — бул саясаттын иши. Мына ушул жерден биз
сиз менен, Андрей Андреевич, эми өнөктөштөр катары
жолугушуп олтурабыз. Мындай иште партия сырттан
сонуркай караган көзөмөлчү катары обочо калбашы керек,
тескерисинче, убакытты текке кетирбей, бул процесстин
башында турушу тийиш, биздин коомдун, биздин
идеологиянын максаты жана таламы үчүн аны ылайыктуу
нукка бурушу тийиш, биз ушундайча ойлойбуз. Кечирип
коюңуз, Кудай үчүн, Андрей Андреевич, менин көп
сөздүүлүгүм башым менен кошо жатчудай. Сиз сөз эмне
жөнүндө бара жатканын түшүнүп тургандырсыз. Сиз
баарын алдын ала билесиз, сиз — даанышман адамсыз.
Мен дагы мындай деп кошумчалаар элем. Бул эмнеге гана
тиешеси болбосун — космостогу ачылыштан тартып,
эксперименталдык биологияга чейин — биздин түпкү
максатыбызды, биздин бүткүл дүйнөлүк тарыхый
ролубузду унутпашыбыз керек. Кеп мына ушунда.
Тилекке каршы, айрым бир ревизионисттик маанайлар, ал
турсун биздин БКда, аппарат чөйрөсүндө да орун алган.
Менин сизден жашырар сырым жок, биз — өз
кишилербиз. Айрым жолдоштор, биз бардык өлкөлөрдүн
students.com. kg 273эмгекчилери жөнүндө ойлонушубуз керек экендигин
унутуп коюшуп, социализм тушунда айрым бир өлкөдө
жеңил-желпи жана жыргап-куунап жашагылары келишет!
Капитализм менен болгон мелдеште биз жеңип
чыгышыбыз керек. Дүйнөлүк революциянын урааны азыр
түздөн түз көтөрүлбөсө да, планетада баары бир
коммунизм жеңет! Бул — биздин максатыбыз, жана биз
аны бардык мүмкүн болгон чаралар менен, бардык
каражаттар менен жакындатышыбыз керек. Ошону менен
бирге илимдин жаңы жетишкендиктерин да колдонушубуз
зарыл. Өзүңүздүн илимий эксперименттериңизге берилип
кетүү менен, сиз, Андрей Андреевич, эксперименталдык
биологиядагы сиздин болуп көрбөгөндөй
жетишкендиктериңиз адамзат жашоосунун масштабында
глобалдуу бир нерсе айтканы турганын баамдабай атасыз.
Ооба, ооба! Мен муну чыным менен айтып жатам. Бир
караганда муну элестетүү кыйын, анткени баары бар
болгону лабораторияда жаралган эмбриондон, мындайча
айтканда, айнек-идиште жетилген уруктан башталып
жатпайбы. Бирок кептин баары, ушунун натыйжасында
туулган адам — аны иксрод деп коелу — жашырын инсан,
ал ата-энесиз, жасалма жол менен жаратылган субъект
экендигинде, мен ушундай түшүнөм. Мен сизге эмне үчүн
айдан ачык нерсени түшүндүрүүгө аракеттенип жатам?
Анткени сиз үчүн бул өтө кызыктуу лабораториялык
эксперименттердин предмети, ал эми биз үчүн иксрод —
адамдын жаңы тукуму, түрү. Анан, биздин жоромолубуз
боюнча, эски дүйнөнү, андан эмгекчи табын куткаруу
үчүн, дал ошол иксрод аласалдырат! Кептин баары мына
ушунда. Мезгили келгенде дал ошол иксрод тарыхый
процесстин башкы аракеттенүүчү фигурасы болуп
калышы мүмкүн!
students.com. kg 274Мен бул жөнүндө өтө шыктанган демилге менен
айтып жаткандай сезилицш мүмкүн. Ал да бар. Анын
себеби да бар. Анткени иксроддордун феномени саясий
жактан алганда укмуштуудай келечектүү. Бизден
айырмаланып, бүткүл дүйнө жүзүндө коммунизмдин
жеңиши үчүн артына кылчактабай, олку-солкулук жана
коркуу менен иши жок күрөшкө кирүүчү башкы күч дал
ошол! Үй-бүлө жана башка туугандык мамилелер эски
дүйнөнүн арханкалык институттары катары тарыхтын
таштандысына дал ушул иксроддор тарабынан ыргытылат.
Иксроддор инсанияттын жана рухтун болуп көрбөгөндөй
эркиндигин алып жүрүүчүлөр катары, биздин
революциялык илим эбак алдын ала көргөн адамзаттын
жаңы дооруна жол ачат. Иксрод келечекте эскини,
керектен чыккандарды жок кылуучулар эле эмес, ошондой
эле жаңы дүйнөнү жаратуучулар дагы. Улуу адамдар,
көсөмдөр искроддор чөйрөсүндө, демейдеги арханкалык
чөйрөдөгүгө карагаяда алда канча көп чыгаарынан
күмөнүм жокү Өзүңүз түшүнүп турасыз — бул жерде
үйбүлөлүк жана башка көнүмүш байланыштардан жана
түйшүктөрдөн толук эркиндик бар. Балдар жасалма жол
менен бирдей өндүрүлүн чыгарылат жана ошого ылайык
тарбияланат. Баса, Бөлүмдөгү айрым жолдоштор
жашырын туулгандарды «сбакит» деп атоону сунуш
кылып жатышат, — кайдан келип чыкканы белгиснз асыл
таштын сыныгы ушинтип аталат, — бирок менин оюмча,
«иксрод» — мыкты, уккулуктуу да, так дагы.
Биз азырынча, өзүбүздү кызыктырган теманын
айланасында бар болгону теориялаштырып,
ойлонуштуруп гана жатабыз, бул кулак угуп көрбөгөн
жаңы кишинин кубулушу эмне алып келерин жоромолдоп
жатабыз, жоромолдоо керек, ансыз болбойт.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 18:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

цивилизация окуялардын, проблемалардын жаңы
толкундарын биринин артынан бирин кубалап келип
жаткан кезде кол куушуруп олтура берүүгө болбойт.
Тарых аны бизге кечирбес эле. Ушундан улам айткым
келет, келечек көп жагынан дүйнө түзүлүштөрүнүн
глобалдуу күрөшүндө ким биринчиликти колуна алганына
жараша болот. Жеңишке жаңы адамдарга — иксроддорго
— коомдо эшикти ким кеңири ачса ошол жетишет,
анткени бул жашырын туулган жандардын артыкчылыгы
үй-бүлө, ар кандай тууган-уруктук жана кландык
жакындыктардан, патриархалдык жана башка
байланыштардан караманча эркин экендиктеринде, бул
болсо эскирген этиканын кылымдардан берки жүгүнөн
арылууга алып келет. Саясий жактан алганда — бул
теңдешсиз утуш. Иксроддор коллективизмдин жана
интернационализмдин эталону болуп калышат. Алар
коммунисттик интернационализмдин ургаал күчүнө
айланат, Батышка чечүүчү саясий соккуну дал ошолор
урушат.
Ушунун баары, өзүңүз түшүнүп тургандырсыз,
келечектин иши, ошондой болсо да жалпы концепция
иштелип чыгышы жана аракетке киргизилиши тийиш.
Ошондуктан сиздей окумуштуунун, Андрей Андреевич,
бул маселе боюнча биздин позицияны тутунгандыгына
партия терең кызыгат. Биздин бүгүнкү жолугушуунун
мазмуну да, мындайча айтканда, ушунда. Анан, биз жалпы
тил табышабыз го деп мен ишенем. Анткени иш жүзүндө
эң башкысы сизге жараша болот, Андрей Андреевич, сиз
— иксроддорду өндүрүп чыгаруунун технологиясын
жаратуучусуз. А биз болсо сүрөөнчү: идеология — бул
кеменин желбоорун үйлөгөн шамал, кыймылга келтирүүчү
кубаттуу шамал, бирок желбоор эмес... Ушундай эмеспи?
students.com. kg 276Баса, сиздин ишиңизге компетенттүү органдар да катуу
кызыгып жатышат, бул боюнча алардын конкреттүү
сунуштары бар.
Маек дагы улана берди. БКнын секретарынын өз
оозунан уккандарыма оозум ачылып, ошол саатта мени
кыйнап жана азап чектирип жаткан нерселерди сыртыма
чыгарбай жашырууга далалат кылдым. Мен маек жүрүп
жаткандагы өзүмдүн кыстырмаларым менен жоопторумду
бул жерде келтирген жокмун, алар анча мааниге ээ эмес,
анткени алар Борбордук Комитеттин позициясынан
айырмаланган, же Конюхановдун оюна каршы бир нерсе
камтыган эмес, эң эле кыйын дегенде менин
айткандарымды алдыртан гана анчейин күмөн саноо
катары кабыл алса болор эле,
Ошондогу маек жөнүндө азыр мен эмне үчүн төбө
чачым тик туруу менен эскерип жатам, себеби эмнеде?!
Анан азыр, космосто жүрүп, иш өткөндөн кийин:
иксроддордун айланасында эмнелер гана жасалбады да,
эмнелер гана ойлонуштурулбады, эмне деген даярдыктар
көрүлбөдү? ! деп таң калам. Ошол эсте каларлык
жолугушууну акыйкаттуу кайра калыбына келтирүү үчүн
мен баарын болгонун болгондой, өзүм жөнүндө да, ошол
саатта түрүм кандай болсо—ошондой ортого салайын.
Менин ошондогу жүрүм-турумум, албетте, мени жакшы
атты кылбайт. Бирок ошондо, Эски аянтта, мен башкача
жасай албас элем, — мен актанып жатканым жок, мен
баатыр эмесмин, болгум да келбейт, бирок чынымды
айтайын, мен ошондо башкача жасай албайт элем, анткени
келечекте баарынан ажырамакмын, акырындап өзүмдүн
негизги темамды иштөөдөн четтетилмекмин, аны дароо
эле ошол эле өзүмдүн кызматкерлерим, партиянын
берилген нөкөрлөрү баса калышмак, — андай окуялар
students.com. kg 277Илимдер академиясында кадам сайын кездешчү.
Жетекчилик абалды жана таасирди жоготуу, илимдеги
абалды жоготуудан да жаман катастрофага алып келүүчү.
Ооба менин жеткен комформист, бийликтин кулу экеним
билинди, ошол кездеги интеллигенция, азыр өзү жөнүндө
кандай айтпасын, басымдуу көпчүлүгү менден
айырмаланчу эмес.
Дагы бир индивидуалдуу, жеке, бирок андан мааниси
төмөн эмес бир нерсе ошондо мага жолто болду... Бул да
актангандык эмес, мен аны түшүнөм, ошентсе да...
Организмге байма-бай ферменттерди берип туруучу уйку
бездеринен бетер, менин ата-тексиз абалым жөнүндө
Конюханов эмне деп ойлоп жатат деген сары санаа менин
жанымды жай алдырбады. Бул ой-санаа мени чүнчүттү да
койду. Ал муну түшүндүбү-жокпу, же өзүнүн идеясы жана
мүдөөсү меней алек болгон неме менин ким экенимди,
тукум-ураатымдын жоктугун таптакыр унутуп салдыбы,
же тескерисинче, менин таржымалымдагы бул фактыны—
качандыр бир кезде Руза балдар үйүнүн крыльцосунан
табылган таштанды баланын таржымалын — билип туруп,
билмексенге салып, ошондон атайын пайдаландыбы.
Анткени иш жүзүндө мен ошол иксроддун өзү болчумун,
мейли табигый шартта төрөлсөм да, баары бир дал ошонун
өзү болчумун: тек-жайсыз, тукум-ураатсыз, кажыбас
кайраттуу, солк этпес салмактуу, жүрүм-туруму таш боор
деп айтаарлык, өз ишинин катаал адиси катары таанылган,
жөндөмү менен убактысын алдына койгон, максатынан
башка ишке коротпогон адам деп эсептелчүмүн. Баамымда
партиянын идеологдоруна дал ошол керек сыяктанды,
алар чыныгы иксроддордун дал ушундай болушун
каалашты. Мен тагдырдын буйругу менен иксроддун өзү
бюлуп калдым. Бул жөнүндө ачык айтылбаганы менен
students.com. kg 278эрксизден тирүү мисал болуп турдум, кайсы бир жагынан
алганда үлгүнүн өзү болдум... Мен аны түшүнүп турдум...
Балким ошол күнкү Эски аянттагы башкы кабинеттердин
биринде өзүмдү кызыктай сезгеним да ошондон болсо
керек.
Мен өзүмдү ишенимсиз сездим — баары бүдөмүк,
туруксуз: жаным жай таппай турду. Ушул кабинетте мен
катышкан чагым жүрүп жаткансыды. Илимий
тажрыйбалар менен кылмыштын чеги кай жерден өтөт,
ошол туруксуз чек араны көрсөтүүчү бирөө табылабы?!
Көңүлгө шек туулду: кокус бул чагым азаптуу жана
жарыбаган турмушта жашаган, бирок укумдан-тукумга,
анын өнөлгөсүн эңсеген, өздөрү болбосо балдары,
неберелери көксөгөн бакыт-таалайга жетет деген ата-
бабалардын арзыган тилектеринен улам, кыялдагы
идеяларга жетүүдө ажайып бир укмушка ишенген
адамзаттын, нечендеген муундар азап менен тапкан
адамзаттын жашоосунун кылымдарды карыткан
негиздерине каршы болсочу... Иксроддордун алдында
ошол тарыхый дөңгөлөктү токтотуу, Аталыктын жана
Энеликтин куугунчусунун жана көзгө көрүнбөс баш
кесеринин ролунда болмокчумун. ..
Бирок ошол эле учурда менин ролум, менин маани
маңызым канчалык жогорулаарын, коньюнктура
асманынын алдында менин ордум канчалык мартабалуу
болуп баратканын мен түшүндүм. Болуп көрбөгөндөй
алаамат иштин аткаруучусу катарында дүйнөдөгү илебине
нан бышкан адамдар менин көзүмдү карап турушмак.
Мен таштандылыктын үзүрүн толугу менен көргөнү
жаткам. Бул, балким, кандайдыр бир азезилдик менен
акылга сыйбастай ойлонуштурулган сценарий боюнча
тагдырдын өзү жазып койгон нерсе болсо керек, —
students.com. kg 279турмуштан дал мына ушинтип өч алгын деп мени атайын
көкүтүп жаткансыды, —мен, жаратылышым жагынан
иксрод жаным, мен өзүм иштеп чыккан технология
боюнча жарыкчылыкка жашырын келишкен иксроддордун
тукумун өстүрүүчүмүн. Анан кимдир бирөөгө жагдайдын
минтип жантыгынан келип калышы жага бербей
олтурбайбы, — тарыхтын ушул бурулушунда мен өтө өз
маалында, өтө зарыл учурда кабылып олтурам...
Босогодон коштощуп жатып, Конюханов мындай деп
калды:
—Андрей Андреевич, сизди билбейм, бирок мен
биздин маектен зор канагат алдым...
Мен да болжол менен ошондой эле сыпайгерчилик
менен жооп каттым. Анан ал күтүүсүздөн сөзүн улады.
—Сизге айта кетчү бир нерсе бар, Андрей Андреевич.
Сизге органдан жолдоштор кайрылышат, алар жанагы... —
ал сөзүнүн аягына чыккан жок, анан кайра улантты: —
Сиздин ишиңизге көмөктөшүү үчүн алар сизге сунуш
менен кайрылышат. Бул, албетте, техникалык,
уюштуруучулук жагындагы маселелер, кабатыр болбой
эле коюңуз. Алар, демейдегидей, бардыгын
ойлонуштуруп, бардыгын жети өлчөп коюшкан, бул жолу
да өтө иш билгилик менен жасашат дээр элем...
Чынын айтканда мен бир аз күймөлө түштүм:
— Вадим Петрович, — дедим мен Конюхановго
кайрылып. — Муну эскертип койгонуңузга ыраазымын,
ошондой болсо да ал жолдоштордун мага көрсөтүүчү
көмөгү кандай болорун сиздин өз оозуңуздан угуп
алганым дурус болор эле. Ошого жараша иш кылууга даяр
болсом дегеним да.
— Жарайт, — деди Конюханов жайдары жылмайып.
— Жан-дилим менен, Андрей Андреевич, айтканыңыздын
students.com. kg 280жөнү бар. Мендеги маалымат биздин Бөлүмдөн. Калганын
түздөн түз иштин жүрүшүндө билесиз.
Андан кийинки билгеним, чынында эле, карандай иш
жагынан алганда, өтө рационалдуу болуп чыкты.
Жолдоштор эмне кылышты билишет экен, жана баарын
жети өлчөп, бир кесип коюшуптур.
Ал жөнүндө мен машинада баратып ойлодум. Эли
быкпырдай кайнаган Москванын көчөлөрүнө кайрадан көз
чаптырып баратып, Конюханов менен болгон маектин
маңызын акылдан өткөрдүм, менин лабораториялык
иштерим капысынан ири, мамлекеттик маанидеги өтө
жашыруун программага айланганына таң калдым.
Компетенттүү органдардын долбоору боюнча
иксроддор эки этап менен чыгарылышы тийиш эле.
Биринчиси — эмбрионалдык- инкубациялык — менин
жоопкерчилигим алдында бүтүндөй менин институгума
жүктөлмөк, ал үчүн мага тиешелүү укуктар жана
каражаттар берилмек. Бул этаптын эң татаал жери
лабораторияда жаратылган жашырын түйүлдүктү
инкубанын, өзүнүн организмин бүркүлгөн эмбрионду
көтөрүүгө, башкача айтканда демейдеги тогуз айлык кош
бойлуулукка арнаган аялдын жатынына имплантациялоо
менен байланышкан. Төрөттөн кийин экинчи этап,
шарттуу түрдө — эмчектеги этап, башталмак.
Программанын бул бөлүгүнүн бизге тиешеси жок болчу,
иксроддорду чоңойтуу жана андан ары тарбиялоо атайын
интернаттардын милдети болмок. Иксроддордун
«индустриясын» компетенттүү органдар болжол менен
жалпы жонунан ушундайча элестетишчү.
Проблема? Бардык эле иштердегидей, мунун да өз
проблемалары бар болчу. Бул технологияда баарынан
кыйын жери, таң каларлык, түйүлдүктү аял-донордун
students.com. kg 281жатынына трансплантациялоо эмес, тукумду ал жерде
өстүрүү эмес, инкуба деп атоо сунуш кылынган, ошол
аялдардын кулк-мүнөзү менен байланышкан моралдык-
этикалык жактагы карандай субъективдүү факторлор
болуп чыкты. Лабораторияда бойго бүткөн иксроддун
генетикалык жактан инкубага эч кандай тиешеси жок
болчу. Өзүнүн энелик касиетин мындай убактылуу
пайдаланууга берүүгө, «арендалык« пайдаланууга
берүүгө, жалган эне болууга ар бир эле аял макул боло
бербеси жөнүндө сөз жок. Бул маселенин айланасында
коомдук чатак чыгып кетиши мүмкүн экендиги турган иш.
Мына ошондо эмне болмокчу? Чет өлкөлөрдө чуу
көтөрүлмөк. ООНго жана башка гуманитардык уюмдарга
чейин жетмек, алар ушундайды эле күтүп турат эмеспи!..
Мына ушул жерден биздин угар кулак, көрөр көзүбүз үч
тамганын — КГБнын — даанышмандыгына жана
айлакерлигине баа беришибиз керек. Конюханов мени
босогого чейин узатып келип, компетенттүү органдардын
уюштуруучулук идеяларын ортого салганда, мен, учуп
чыгууга бир гана тешиги бар үңкүрдө калгандай болуп,
биздин лаборатория, биздин институт жана мен өзүм
эчактан бери эле компетенттүү органдардын байкоосунда
калганыбызды түшүндүм, анткени проблеманын маңызы
ушунчалык таасын коюлган эле. Маселенин чечилишине
КГБнын кызматкерлери өздөрүнүн методикасын жана
жардамын сунуш этишти. Алардын сунуштары мындай
эле: инкубалар сот жообуна тартылган жана кылмыш
мөөнөтүн өтөп жатышкан аялдардын ичинен тымызын
тандалып алынат. Ал эми андайлар өлкөдө дайыма
жетишерлик болчу. Аялдардын көп сандаган
колонияларында жана айдоодо ар кандай кылмыштары
үчүн ар кандай статьялар менен кесилген он миңдеген,
students.com. kg 282жуз миңдеген аялдар жүрүшчү. Бул жагынан кесилген
аялдардын ичинен инкубаларды тандап алууда чек жок
дээрлик эле. Менин макулдугум керек болчу. Мен
ойлоноюн дедим.
Кийинчерээк мен компетенттүү органдардын
сунуштары менен майда-чуйдасына чейин таанышып
чыктым, таанышып чыгып, кайрадан таң калдым — иштин
жайын билгендик жана белгиленген максатты жүзөгө
ашыруудагы тактык ушунчалык кынтыксыз эле. Инкубага
он жылдан жыйырма беш жылга чейинки узак мөөнөткө
эркинен ажыратылган аялдар алынышы тийиш болчу.
Тиешелүү медициналык изилдөөдөн өткөндөн кийин
инкубанын ролу зек аялга төмөнкү шарттар менен сунуш
кылынат; а) бир иксроддун төрөлүшү аялдын камактагы
мөөнөтүн жарымына кыскартат, эки иксроддун төрөлүшү
аялдын толук эркиндик алышына укук берет; б) зекинкуба
баланы үч айга чейин эмизет да, андан кийин аны
кылчактабастан мамлекеттин карамагына өткөрүн берет;
в) төрөттөн кийинки мөөнөт аяктагал соң зекинкуба
лагерге, же өтө алыс райондордун бирине которулат; г)
зекинкуба өзүнүн ролу, турган жери, аны тейлеген
адамдардын составы жөнүндө маалыматты таратпоого
милдеттенет; кокус бул шарттарды буза турган болсо
зекинкуба кайрадан жоопко тартылат.
Зекинкубаларды бул ишке тартуунун компетенттүү
органдар тарабынан түзүлгөн долбоору жалпы жонунан
мына ушундай эле. Мен көпкө ойлондум. Ал анчейин
кубанып кетчү деле долбоор эмес болчу, бирок андан
жакшысы да жок эле. Ошентип мен макул болдум.
Мен компетенттүү органдардын кызматкерлеринин
бири менен сүйлөшүп калдым. Кыйла акылдуу адам экен.
Мен инкубаларды зек аялдардан алуунун моралдык
students.com. kg 283жагына шек туудурганымда, ал, азырынча башка жол жок,
кийин кесилгендерди пайдалануунун зарылчылыгы калат
— инкубалардын кызматы, айталы, алиги сойкулардын
кызматы сыяктуу эле, төлөнмө болот деп жооп берди. А
балким жашырын төрөлүүчү балдарды бойдо көтөруп
жүрүү аялдардын белгилүү бир чөйрөсү үчүн кесипке
айланат, болгондо да өтө кирешелүү кесипке айланат.
Биз түз, ачык, эч бир кылтың-мылтыңсыз сүйлөштүк.
Анын айтуусу боюнча, инкубатордук кызмат ачыкка эле
чыкпастан, бала төрөөнүн мындай жолу артыкчылыкка ээ
болуучу мезгил келет имиш. Мына ошондо «Эне», «Ата»
деген түшүнүктөр уламышка айланмакчы, же карандай
шарттуу маани билдирип калмакчы.
Ошентип, компетенттүү органдардын купуя жана
алысты болжогон ой-тилектери улам барган сайын
жайдактала берди — тек-жайсыз адамдардын жаңы
тукумун чыгарууну көзөмөлгө алууга алардын бөтөнчө
кызыкдарлыгы кадам сайын ачыкка чыга берди. Бул ишти
келечекте кеңири жолго коюу болжолдонду.
Профессионал аялдардын жашырын балдарды жашырын
төрөшүн акырындап кеңири жайылтуу, иксроддорду
интернаттарда ырааттуу тарбиялоо, ошону менен бала
төрөө зарылчылыгынан бошотулган калк өздөрүн толугу
менен өндүрүмдүү эмгекке, башка актуалдуу милдеттерге,
баарыдан мурда, албетте, изден тайбас дүйнөлүк
революциянын ишине — коммунисттер бул максатынан
баш тартмак эмес — арнагандай болушу болжолдонгон
эле... Иксроддор дүйнөлүк тарыхка чекит коет да, андан
ары жылдарды, доорлорду жаңыча эсептөө башталат...
Ал, жанагы менин маектешим, куратор, жаап-
жашырбай эле бардыгын ачык айта берди: «Иксроддор
акыркы, эчак зарыл болгон чекитти коюшат. Алиги бүткүл
students.com. kg 284дүйнөдө тынчтык үчүн күрөш деген ызы-чуу жана башка
кооз сөздөр — анын баары түккө турбайт. Эгер акыркы
сөз атом соккусунда болсо, аны дал ошол иксрод урат. Ал
эч нерсе жоготпойт, анын кылчактаар да эч нерсеси жок,
ал тексиз, анын Мекени — ага айнек идиштерден жашоо
берген Система. Ошондуктан ал кнопканы басарда солк
этип койбойт. Кеп ким биринчи болорунда — ким өстүрүп
чыгарган иксрод өзунуп ядролук сокку урат!».
Мурда профсоюздарга тиешелүү болгон Москванын
чет-жакасындагы токой ичиндеги чакан санаторий көп
өтпөй илим изилдөө базасы катары бизге берилди.
Реконструкциялоого жана кабинеттерди, палаталарды,
сакчылар менен башка кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн ар
кандай жайларды жабдуу үчүн жарым жылдай убакыт
кетти.
Мен анча шашылган жокмун. Бирок ишке киришчү
мезгил келди. Башынан айта кетейин, мен бул ишке
кыйналып- кысталбай эле кириштим жана, балким
ошондуктанбы, инкубаларга кандидаттардын ким
экендигин билүүгө, аларды коштоп жиберилген
документтердеги маалыматтан тышкары, кадалып
кызыкпадым. Аларга официалдуу түрдө олуттуу мамиле
жасадым, кыска, салкын сүйлөштүм. Аларды клиникага
жалгыздан, ар бирин дайындалган саатта, гражданча
кийинтип, жабык машинада алып келишчү, алардын баары
— иксэмбриондор имплантация кылынуучу объекттер —
мен үчүн бирдей, баары окшош болчу. Мен аларга жалпы
ат менен: аял деп кайрылчумун: «Саламатсызбы, аял. Ал-
акыбалыңыз кандай, аял? Абайлаңыз, аял, мен сизди карап
көрүшүм керек, кыймылдабай турсаңыз экен». Мына
ушундайча гана. Мага карата да тиешелүү кайрылуу
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   AZIK01   16 Август 2014 - 20:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Ишиңизге аралашып атканым үчүн кечиресиз, бул чыгарманы Saltanat айым (жаңылышпасам) жазганын окудум окшойт, ушул эле бөлүмдөн.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Topcubai   17 Август 2014 - 08:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

белгиленген — профессор. Башка эч нерсе, ашык эч нерсе
жок, бардык инкубалар убактылуу пайдаланууга алган
жатын катары гана мааниге ээ эле. Алардын эч кимисинин
өңү эсимде калган эмес, анткени ишке анын кереги да жок
эле.
Алардын ичинен бирөө гана ал эрежеге сыйбады...
Эми аны кийинчерээк. .. Ал жөнүндө кийинчерээк айтсам
болор эле... Мына сен өз жээгиңе келдиң, ары жагында
болсо башка Дарыя...
Сен кыйналып-кысталасың, ал жөнүндөгү ойду, ал
жөнүндөгү эскерүүнү эптеп ары жылдыруунун айласын
издейсиң. Эмне демексиң? Өзүңдөн өзүң качып кутулуу
деген акылсыз, ишке ашпас аракет экенине сен эмгиче
ишенбейсиңби? Өлүшүң мүмкүн, бирок өзүңдөн өзүң
качып кутулушуң мүмкүн эмес. Бул жагынан алганда
адам, акка мойну сунулуу болгону менен, түбөлүктүү.
О Жараткан, сен эмнеге түшүндүрө албоочу нерсени
түшүндүрүүгө далбас урасың, сен эмнеге сөз менен айтып
бере алгыс нерсени, өнгөсүн билбейм, сенин сөзүң жеткис
нерсени, айтып берем деп кара жаныңды карч урасың?!
Анан калса сен өзүңдү өзгөчө мыкты инсанмын деп
эсептечү элең го, анан жогорку максатка кызмат кылуу
зарыл болгондо сенин олку-солку болушуң таң калыштуу.
Бирок бул жолу сен өзүңдү жеңе албадың... Бир комета
учуп келип, экинчи кометага урунгандай, сен кабылган
нерседен таптакыр капарсыз эмес белең. Баары өз кезеги
менен өтүп жатты эле го.
Бул кийинки жылдын жазында болду,
зекинкубалардын биринчи тобуна эмбриондор
имплантацияланып, алар тиешелүү медициналык көзөмөл
алдында жүрүшкөн.
Бул аялды, башка аялдарды алып келген сыяктуу эле,
students.com. kg 286ошол күнү «фельдшердин» коштоосу менен изилдөөгө
жеткирип келишти; биз инкубалардын сакчыларын эскиче
эле «фельдшер» деп койчубуз. Ассистент менен медсестра
аны менин кабинетиме алып келишкенде, мен анын буга
чейинки изилденишине көз жүгүртүп чыктым. Баары
жайында экен — жалпы саламаттыгы, гинекологиясы;
мени кызыктырганы деле ушулар болчу — пациентканын
имплантацияланган урукту өстүрүүгө жөндөмдүүлүгү,
калгандарынын баары атайын кызматчылардын иши,
ошолордун түйшүгү эле. Бул жагынан иш кынтыксыз деп
айтарлык мыкты уюштурулган, эч кандай проблема жок
болчу. Анткени зоналар менен түрмөлөрдө инкубаларга
кандидаттарды квалификациялуу кызматкерлер тандап
алышчу, зэк аялдардын максатка жарактуулугу катуу
текшерилүүчү; урукту өстүрүп берүүгө макулдук берген
зэк аялдар көктөн күткөнү жерден табылган мындай
мүмкүнчүлүктү: урукту боюнда өстүрүп, аман-эсен төрөп
берип, көп жылдык мөөнөтүнөн кутулууга ак эткенден так
этишчү жана аны колдон чыгарбоого болгон
мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын жумшачу! Мындай нерсе
кимдин түшүнө кириптир! Түшүнүктүү да, алар клиникага
келгенде каргашалуу тагдырына туш келген үмүттүн ишке
ашышын Теңирден тилеп, корккондорунан дирилдеп
отурушчу. Клиникалык экспертизанын акыркы этабында:
инкубага жарабайт, деп жаратпай коюшу толук мүмкүн да.
Анан коркпой коюшабы.
Кабинетке узатып келишкен жаңы зэк аялды
босогодогу стулга олтургузуп коюшту. Анын
«Саламатсызбы» деген сөзүнө кыска жооп берип коюп,
мен анын досьесине — камакдардын жеке номерине жана
айдалып келген индексине кайрадан көз жибердим,
фамилиясын дагы бир жолу карадым, караарым менен
students.com. kg 287эсимден чыгып кетти, Лопатина беле. Фамилиялар
демейде эсте калбайт — алар же өтө татаал, же өтө
жөнөкөй. Бирок пациенттин ысмы мага кызыктай сезилди
— Руна, ушундай да ат болобу, анын руникалык эмнеси
бар болду экен, деп ичимен жылмайып, башымды
көтөрдүм. Биринчи эле көзүмө урунганы — аял көз
айнекчен экен. Демек инкубалардын арасында көз
айнекчендери да пайда болгон экен го. Жүзүндө
интеллигенттик, оюма кетти: зонада буга кыйын болсо
керек, ал жакта, белгилүү эмеспи, сөгүнүп-сагынуу,
чачташуу, мушташуу дагы ушул сыяктуулар. .. Өңү-башы
жакшынакай, эркиндиктеги чагында мындан сулуу болсо
керек. Бирок анын көз карашы башкача, анын абалында
минтип карабашы тийиш эле, — тагдырга баш ийгендик,
көз карашында жалтактык жок. Көз айнектин ары
жагынан кой көздөрү эмне болоор экен дегендей карайт.
Эркиндикте ал бою-башын каранганын, кашын терип,
кирпиктерин боегонун, күзгү алдында сулууланганып
элестетсе болор эле... Бирок бул сырткы турпатына карап
айтылган сөз дечи, анан калса ал кандайдыр бир олуттуу
кылмыш жасаган неме, бекеринен он жылга кесилген
эмес, бекеринен зэк эмес да... Эми минтин мөөнөтүн
кыскартуу үчүн иксрод төрөгүсү келип турат.
—Эмесе ушундай, аял, — дедим мен. — Контролдук
анализдерди дагы бир кайталап жасаш керек болот. Андан
ары эмне кылынары ошондо билинет.
Аял унчукпады.
—Айта турган арыз-арманыңыз барбы?
—Эмне айтаарымды айтасыз? — деди ал.
— Саламатсыздыгыңызды. Башка эч нерсе.
— Жок, азырынча жок.
—Даярдык көрүү мезгилинде айткандардын бардыгын
students.com. kg 288так аткаруу зарыл. Ал жөнүндө сага айтышат. Анан баары
жайында болсо имплантацияны кийинки жуманын
башында жасашат, шейшембиде, же шаршембиде, андан
эрте болбойт. Ошондуктан күтүүгө туура келет.
—Мен ансыз деле шашпайм. Мага баары бир.
Анын өктөм жообу мени таң калтырды. Бизде бул
болуп көрбөгөн жорук. Көз айнекчен немени кунт коюп
карадым да, ордуман туруп, жанына басып бардым. Ал да
ордунан турду. Бул жерде мени менен минтип сүйлөшпөй
турганын билсин деп мен катуу айттым:
—Эгер шашылбасаң, ал гана эмес сага баары бир
болсо, анда кимдин башын оорутуп жүрөсүн? Сен быякка
кандай ниет менен жөнөдүң эле, кайда жана эмне үчүн
экенин сен билдиң беле?
—Билгем. Албетте билгем.
—Билсең анан эмне? Мен сенден сурап жатам, аял.
Быякка эмнеге келдиң анда?
—Эмнеге? Сизди көрөйүн деп келгем, профессор.
Сизди көрүп, анан ушунун баары балдардын жомогу эмес
экенине ишенейин деп келгем!
— Ошол элеби?
— Ишенип коюңуз — ошол эле. Сизди көрүп, анан
болгон чындыкты бетиңизге айтайын дегем.
— Ушундай дечи?! — оозуман эрксизден чыгып кетти.
Анан кыска жана катуу айттым. — Сен кат жүзүндө
бердиң беле макулдугуңду?
—Ооба, бергем.
—Сенин бул жоругуң макулдуктан тайгандык катары
караларын жана жаңы мөөнөткө кетериңди билесиңби?
—Билем.
—Ошого өтө муктажсынбы?
—Ушул сүйлөшкөнүбүздө өтө муктаждык бар. Бул
students.com. kg 289сизге өтө зарыл.
— Магабы? Биз эмне, экөөбүз кандайдыр бир
проблема чечип жатабызбы?
— Чечип жатабыз. Адамдар табият жана Жараткан
буюргандай көбөйүшөбү, же азезилдин айтканындай
болушу керекпи, бул проблемабы?
Мен капысынан туюкка капталгандай унчукпай
калдым. Анан кара жинимди араң тыйып, мындай дедим:
—Ал үчүн менин өз башым бар, мадам. Сени менен
кош айтышууга туура келет. Сен мөөнөтүндү кыскартуу
ордуна, узартып аларың өкүнүчтүү. Эми аны өзүңдөн көр.
— Мен айтайын дегенимди айттым.
—Өтө эле аша чаап кеткен жоксуңбу? Ээн
ооздугуңдун азабын тартын жүрбө?
— Мен зэк аялмын, Андрей Андреевич, — ал
капысынан мени аты-жөнүмөн атады, анан күнүгө
жүздөгөн ирет айтыла берген сөз анын оозунан кызыктай
угулду. — Мен болгону зэкмин, — деп кайталады ал. —
Арты эмне болорун да билем. Максатыма жеттим. Мен
муну өзүмдүн милдетим деп эсептегем. Аны колуман
келишинче аткардым. Балким бул сүйлөшүү сизге таасир
этээр, ойлондураар. Болгону ушул.
— Сен бул жерде акыл айтканыңды кой! — деп жиним
шакардай кайнады менин, бирок күтүүсүздөн, инкубалар
менен иште эртедир-кечтир болбой койбоочу мүргүү
болуп өткөнүн жакшы түшүнүп турдум. — Сенин ордуңа
каалоочулар ондоп табылат!
—Мына эң жаманы ошол, — деди ал. — Жана ошонун
өзү сиздин иш. Толугу менен сиздин абийириңизде.
—Абийир абийирге жат!—дедим мен кесе.
— Мен мындайды биринчи ирет угушум.
— Философиялык диспутту убактысы кенен кишиге
students.com. kg 290калтыралы. Сени быякка ал үчүн алып келишкен эмес.
Кайра жайынңа кет. Менин сени менен сөзүм бүттү.
Мен коңгуроону бастым, аны алып кеткени келишти.
—Кошуңуз, — деди ал кетип бара жатып.
Мен жооп катпадым.
Каалга жабылды. Мен жазуу столума кайтып келдим.
Башка иштер, башка түйшүк башталды.
Бирок бул өкүнүчтүү окуя башыман чыкпай койду.
«Акыйкат издегичти» артына кылчайтпай келген жагына,
зонасына, сыягы ал Кострома жактан болсо керек эле,
айдоого көрсөтмө берүү керек эле, ошол жакта тилинин
азабын тарта берсин. Бирок кийин деп койдум. Ал зек
аялды иш арасында, телефондо сүйлөшкөндө, бардык
учурда эстей бердим, такыр унута албай койдум, бирок эч
кимге, кызматташтарымдын бирине да, ал турсун
мамилеси жакын дегендерге да менин тынчымды алып,
жүрөгүмдү оорута берген бул окуяны айткан жокмун.
Мен кызыктай, абдан кызыктай абалда жүрдүм,
өзүмдү өзүм тааный албадым. Эмнегедир анын иши менен
дурусураак, толугураак таанышкым келди. Кайдан чыккан
неме? Деги ал өзү ким? Эмне кылганы үчүн олтурат?
Кайсы статья менен? Психикасы бузулгандарды зонада,
менин билишимче, кармабашы керек эле. Бирок бул
кайдан чыккан бей-жай аял? Аны аргасыздыктын кайсы
шамалы айдап келди, ага мүмкүндүк берсе, менин
абийириме катуураак доо кетирүүгө, азаптын кандуу изин
калтырып, илең-салаң болуп бутумду араң сүйрөп кетүүчү
дагы кандай ойлорду жана сөздөрдү айтууга белеңденди
экен.
Абийири өзүнө башкалардыкынан арбын көрүнгөн
адамдарда өзүнүн так кесер көз карашынан башка эч
нерсеси болбошу мүмкүн, алардын алдастатуучу күчү да
students.com. kg 291ушунда. Бирок абийир, барыдан мурда, ички өз
алдынчалыкты талап кылат, ансыз ал, базардагы эски-уску
буюмдардай, соодаланып калат. Анан калса бул абийир
деген түшүнүктөн башка дүйнөдө тантык эмне бар. Анан
жанагы зэк аялдын Американы ачканы келип олтурганын
карабайсыңбы! Абийир жөнүндө башкасы айтса да ошол
кылмышкер, кесилген неме айтпаса боло?!
Бирок ушинтип ойлоорун ойлоп алып, өзүмдү өзүм
жек көрө баштадым. Сен эмнеге актанып жатасың, кимдин
алдында жана эмне үчүн?! Чабалдык кылдың. Анан эмне
эле аны ойлоп туруп алдың?..
Мен анын ишин кайрадан ачтым. Лопатина Руна
Федуловна, 158-статья боюнча, антисоветтик
материалдарды сактаганы жана таратканы үчүн
соттолгон. .. А, туура, кайсы чымчык экени учканынан
көрүнбөй турабы?! Ошо да, ошо да, мындайлар дайыма
ушундай, бир нерсеге каршы чыгышып, өздөрүн көрсөтүп
турушат, бул жолу да сорок деп көрүнө калчу жерди
тапкан тура... Эри жок, ажырашкан. Мындай карабет
менен ким жашайт. Таң каларлык эч нерсеси жок.
Анан мен башка иштерге алагды болуп кеттим,
кызматтагы сейфтерде гана сакталууга тийиш болгон
кагаздарды көтөрүп жүрбөйүн деп, мен иштен кармалдым.
Руна Лопатинага тийиштүүнүн баарын окуп чыктым.
Акырында мен кандай ойго келдим? Дегинкисинде,
албетте, ал турмушка өз көз карашы бар, кызык аял;
мындай инсандар радикалдык чөйрөлөрдө, руханий,
саясий, өкмөттүк оппозицияда бардык мезгилде боло
келген. Алардын ичинде ар кандайлар болот. Өздөрүн
мессия ойлогондор жана идея үчүн анын артынан
ээрчигендердин баарын курмандыкка чалууга даяр
тургандар да бар... Бирок Рунанын бул жерде тиешеси
students.com. kg 292канча? Баамыма караганда, ал өзүнчө жүргөн идеалист.
Деги ким билет. Мен аны бир жолу көрүп, анан бир нече
сөзүн угуп, анан тигиндей-мындай деп кантип айта алам.
Ырас, ал, албетте, тагдыры жеңил адам эмес, мугалимдик
кылыптыр, анан кинодокументалисттик менен алек болгон
жери бар экен, советтик мектеп жөнүндө документалдуу
киносценарий жазыптыр, ал эми мектеп проблемалары
бизде дайыма социалдык жактан курч болуп келген.
Ушул жерде менин эсиме маркум Вава, Валерия
Валентиновна түшө калды, анын гениалдуу окуучусу
азыркы кезде эмне кылып жүргөнүн ал билбейт да! Бирок
бул адашкан ойлор эле. Ал эми Руна болсо, сыягы, иниси
Лопатин Игорь Федуловичтин айынан кесилип кеткен
көрүнөт. Ал чыныгы профессионал киночу болчу, айтылуу
ВГИКти бүтүргөн, анан, сыягы, ошонун таасири менен
Руна мектептик киносюжеттер менен алектенген көрүнөт.
Кийинки материалдарда белгиленгендей, мурдагы
мугалим Руна Лопатина, Горький атындагы киностудия
алдындагы талапкерлердин секциясында жүрүп, киного
кызыккандардын арасында идеялык жактан шектүү
паанайларды таратууга түрткү болуптур. Рунанын
искусстводогу тенденциялуу багытты, советтик
адамдарды жана алардын турмушунун терс жактарын
чагылдырган документалдык сюжеттерди жактагандыгына
күбө өтүшкөн адамдар болуптур. Ал чыныгы айыптоонун
башталышы гана экен.
Иш боюнча башкы айыпталуучу анын иниси, Игорь
Лопатин болучу. Ага «штаттагы кинооператор болуп
туруп, мамлекеттик аппаратураны жана каражаттарды
кылмыш жообуна тартылуучу иштерге пайдаланган —
советтик чындыкты бурмалаган, советтик коомдук жана
мамлекеттик түзүлүштү жамандаган ушакчы
students.com. kg 293документалдык тасмаларды тартып, батыштын
коомчулугуна тетири маалымат берүүгө далалат жасаган»,
— деген күнөө коюлган. Анын үстүнө, «сот жообуна
тартылуучу мындай кылмыштуу ишти бекер жасаган эмес,
совет мамлекетин жамандаган киноматериалдарды
Батышка валютага саткан. Дал ошол жакта, чет өлкөдө, ал
материалдар кинозалдарда жана телевизиондук
каналдарда көрсөтүлүп жатканда биздин атайын
кызматчыларыбыз ал кинотасмалардын кайдан келгенин
аныкташкан», — деп баса көрсөтүлүптүр.
Мындай учурда баягы тааныш ариялар, багы тааныш
окуялар деп коюшат эмеспи, анан калса чын эле ушундай
болгонбу, же жокпу — ким билди, бирок кандай болсо да,
акырында Руна Лопатина кылмыш иши үчүн айыпталды.
Ал инисине түздөн түз жардам көрсөткөндүгү үчүн
айыпталды — иниси Рунага «уруксатсыз тартылган»
тасмаларды узаткан, ал болсо аларды өзүнүн жакын
курбусунукуна каттырып койгон. Бул байланыштардын
артынан түшүп калышат. Кимдир бирөө билдирип коет.
Игорь кармалат, Руна эскертип коюу үчүн курбусунун
квартирасына чуркайт, ал жерде болсо тиешелүү адамдар
күтүп турушкан. Ошентип Руна кылмыш үстүндө
кармалат. Андан ары күтүүсүз иштер болуптур —
процесстин жүрүшүндө Руна инисинин күнөөсүн
жеңилдетүүгө болгон аракетин жумшайт. Ал негизги
күнөөнү өз мойнуна алат: совет адамдарынын турмуш-
тиричилигинин көрүнүштөрүн тартуу идеясы аныкы,
эмнени тартуу керек жана кандай тартуу керектигин бир
тууганына айтып турган да ал, тартылган пленкаларды
валютага чет элдик корреспонденттерге саткан өзү,
чынында кичүү иниси анын айтканын гана аткарып турган
деп туруп алат.
students.com. kg 294Тарыхы мына ушундай экен. Дагы бир кызык деталь:
сотто Рунага америкалык журналист менен көңүлү жакын
деген күнөө коюлду, ал болсо Америкага кайтып барганда
«өзүнүн ойношу жөнүндө өтө жакшы пикир билдирген, ал
эми советтик коомго, тескерисинче, таптакыр душмандык
мамиле көрсөткөн» статья жазган имиш, бул болсо ал
убакта камакка алынган кылмышкер үчүн алган өчү имиш.
Руна болсо америкалык журналистке орус тилин үйрөткөм
деп, ойноштугун танат... Иши кылып баш катырма. Эмне
болгонун ким билсин, бирок эмне болгон күндө да ушунун
баары Руна үчүн өтө кайгылуу бүттү...
Ошол күнү мен иштен кеч кеттим. Иш да бар эле, анан
Руна Лопатинанын өткөн турмушу менен жакшылап
таанышсам деген кызыктай ниет да мени кыйла кармап
койду.
Дарбаза оозундагы күзөткө демейкидей башымды
ийкеп коюп, күүгүм ченде аллея менен Успенский
шоссесине чыктым. Аңгыча Москвага ашыгып
баратышкан машиналардын агымына кошулдум.
Бул жердин табияты кышында да кооз, токойлор менен
майда дөңсөөлөр дүпүйө кар жамынышып, уйкуда
жаткансыйт, жайында да гүл анкыган жашыл ыраң андан
кооз болбос чегине жетет; токойдон чыга берген ченде
капысынан бир нече секундага ажайып көрүнүш ачылат —
жалт-жулт эте ийрилип агып жаткан Москва-дарыя көз
алдыңа тартыла түшөт. Суунун, асмандын, токойдун
жүрөктү абдыктырган керемет айкалышы; ушул көз
ирмемди өткөрүп жибербөөгө дайыма ашыгам, терезеден
бир карап алам да, артта калгандарды көз алдымда кармап,
андан ары зымырайм.
Буларга мен бекеринен токтолуп олтурганым жок.
Мен айтсам санак жетпейт, ушул жерлерди аралай тыякка
students.com. kg 295да, быякка да канча жолу зуулдабадым, бирок менин
жашоом жол бойлой кеткен ушул мейкиндиктер менен
байланышып каларын кайдан билиптирмин? .. Анан мен
ушул жол менен демейдекидей өтүүгө алсыздык кылып,
айланып өтө турган учур келет...
Мен ошондо, Москвага жакындап келатып, жанагы
чалпоо Руна Лопатина деген инкубага кандидатты эртеси
күнү кайрадан клиникага алып келсин деп көрсөтмө
берүүнүн кереги бар беле, деп ойлодум. Ооба, мен
ошондой көрсөтмө бердим. Эмне үчүн анттим? Мен ага
эмне демекчимин? Ал инкуба болууга макулдук
бергендеги максаты таптакыр башка экендиги, эмне,
көрүнбөй турабы, балким, ал, жанагы Руна деген неме, соо
эместир, а балким, ал, адилетчилмин, ашкере
абийирдүүмүн, аруумун деп, жана башка бул турмушта
жок асыл нерселерди ойлоп таап алган немедир. Аны
мынча эркелетип эмне кереги бар?! Андай немени жакын
жолотпой кубалоо керек, тиги зонасына барып, азабын
тартсын. Бирөөнү абийирге чакыргысы бар, а өзү ким
экен?! «А өзүңчү? А сенчи?! — дедим мен дароо өзүмө. —
Басташчу кишини тапкан экенсиң! Соттолгон, укуксуз зэк,
анан сен ошону менен найза тирештиргиң бар! Баракелде,
баракелде! «
Бир-эки жолу бурулуштардан аз жерден
тормоздорумду үзө тээп сала жаздадым, дөңгөлөктөрдүн
ачуу үнүнөн бараткандар туш-тушка чачырай качышты —
рулда ойлонуп кетиптирмин, башыман чыкпай койгон
ойлордон кутула албай келаткам. Анан калса мен бул
Рунаны бар болгону бир жолу гана көрдүм, эмнеге мага
мынчалык таасир этти? Мен кантип ордуман туруп, анын
жанына келгенимди, кантип ал да стулдан турганын эсиме
түшүрдүм. Мына ал менин алдымда турат — зэк, шаардын
students.com. kg 296сыртындагы клиникага профессорго көрсөтүүгө алып
келүү үчүн атайын тигилген кийимчен, үстүндө кайдан
тигилгенин эч ким билбеген боз кофта, кенен, узун юбка,
бутунда аял заты кийгенден ардангыдай чолчойгон
бирдеме. Кийим-тайымдар анын өңү-башына жана
табитине кызмат кылып турган качандыр бир кезде, ал
сөзсүз жакшынакай болгон. Анын мени кооптоно,
чечкиндүү жана кайраттуу караган көздөрү жөнүндө
ойлодум. Көз адамдын күзгүсү деп коюшат эмеспи, бирок
бул туура эмес, көз адамдын өзү, анын ичин да, тышын да
айтып туруучусу. Уландардыкындай сөөгү чыккан, арык
ийиндери аргасыз шөлбүрөйт, назик, ичке колдорун
бооруна кайчылаштыра кармап турат. Атаганат, ал бою-
башын түзөсө, өзүн эркин кармаса, жылмая багып,
топураган көпчүлүк арасында көчөдө баратса. Ал
диссиденттик үчүн жаралган эмес, жана дегеле бул доор
үчүн жаралган эмес. Ага өткөн кылымдын жасалгасы
болсо кана! Кандай гана жарашып калар эле... Ошол эле
учурда айткан сөзүн карачы! Илимди абийирдин жардамы
менен токтотмокчу? ! Анан калса дайыма ушундай да,
дайыма адам абийирин ала чуркайт да турат; эмне
болбосун, эмне жасабасын ага бир жооп керек — абийирге
жатабы, же жатпайбы! Анан ар бири ошол абийирин өзү
каалагандай койнунда кармайт! Ар бири ошонусуна
кекирейет. Ар бири ал жөнүндө Кудайдын атынан
сүйлөйт! .. Бирок жалаң абийир менен алыс кете албайсың.
Өзүнүн абийири менен Кудайга каршы турууга
жөндөмдүү киши аз, Кудай ошол абийирди биздин
баарыбызга берген жана ошону менен бизди ооздуктаган,
жарыкчылыкка келтирүүгө бийликтин монополиясы
сыяктуу, дайыма анын монополиясы болуп келген нерсени
өз колуна алууга келгенде Кудайды жолдон мындай
students.com. kg 297түртүп чыгарып жиберүүгө жөндөмдүү пенде жок. Анын
ажалга болгон монополиясы эле жетишет, аны андан эч
ким тартып ала да албайт! Ал эми жарыкчылыкка
келтирүү жагына келгенде, мен аны менен атаандашмын
жана абийирин менен менин ишим болбойт... Руна ошону
түшүнөт болду бекен, жок, балким ал аны түшүнбөйт.
Ошол түшүнбөгөндүгүнөн абийирди ала чуркап
кыйкырып, каарман болуп чыга калды... Ал өзү жөнүндө
ойлосо болмок...
Ошол түнү, илгери өзүнүн атомдук бомбачылар
командасына али Сталин белек кылган, шыбага катары
мага да буюруп тийип калган ошол үйлөрдүн биринде,
өзүмдүн академиялык чарбагымда, мен жанымды коерго
жай таба албадым. Калың дубалдар, эпсиз чон терезелер,
эбегейсиз бийик шып. Бирок буга менин не тиешем бар?
Анан дегеле мага эмне жок, эмнеге жашап жүрөм? Ошол
түнү мендеги таштанды бала кайрадан баш көтөрдү. Мен
— артык баш, мен өзүм — иксрод, мен — «кара тешик»
адамдар арасында. Бул жарыкчылыкта ким менден
бактылуу болуп кетти, мени жолуктурган ким, кайсы аял
жашоону жаны калбай алкап жибериптир? Артын карабай
качып кеткен Евгениябы? Ал, сонун актриса, мени менен
жашагандан эмнени көрүп, эмнени билиптир? Карандай
акыл, какшыган сезим, таш боорлук, эри өз колу менен
жасаган абортторбу? Капысынан тагдыр жолдон
кабылткан аялдар деле ошол кыска жолугушуулар
жөнүндө бакыттын бир капилет жарк эткен нуру катары
эстешкен эместир. Мени менен байланыштуу нерсенин
баары кубанычсыздыгы менен, кунарсыздыгы менен
ашкереленип турду...
Ушул жерден менин ой-санаам кайрадан байкоосуздан
бүгүнкү жанагы зэкке, Рунага, руникалык мезгилден берки
students.com. kg 298ысымды алган аялга, ооду. Бирок мен эмне үчүн ал аял
жөнүндө ойлойм? Азыр ал кандай абалда? Балким ал азап
чегип жаткандыр. Мүмкүн, башына батпай, санаасын
санга бөлгөн жаман ойлордон эс алсын деп азыр чачтарын
жайып жиберип, тарап салды. Эркиндикте балким башкача
тарагандыр, анын чачтары калың жана тармал болчу, анан
аны, зонада көрсөтүлгөндөй, баарын жыйып келип,
желкесине түйчү эместир. Профессордун «көзүн ачам» деп
өзүн жаман абалга калтырып алды, турмушун татаалдатты.
Ырас эле ал ошого даяр беле? Анан бүгүнкү биздин
жолугушуу жөнүндө эмне ойлоп жатат болду экен?
Мүмкүн ал айткандын да бир жерде чындыгы бардыр,
бирок жалаң абийир менен, жалаң жакшы ниет менен
дүйнөнү тойгуза албайсың, ыраазы кыла албайсың, асман
алдынан улам кенен орунга көз арткан адамдын жырткыч
маңызын өзгөртө албайсын; мындай ачылган алкыбыз
менен жакында баарыбызга күн аздык кылып калат, бирок
андан да коркунучтуусу, ал, адам, өзүнө окшогондорго
үстөмдүк кылууга улам барган сайын арбыган ач көздүк
менен жутунууда. Ошондуктан керек жаңы адамдар —
иксроддор. .. Тигил аял болсо жашоого, бийликке, согушка
барчу тигилердин жолун торогусу, баргысбагысы келет.
Түшүнсө болот, бирок жеңилбес нерсени жеңүүчү күч
жок, жок андай күч...
Кийин мен маңызсыз дээрлик суроону өзүмө өтө көп
берип жүрдүм: ошол кечте мен эмне үчүн жападан жалгыз
калдым? Эмне үчүн башка күндөрдө жанына жай бербеген
эч бир жыйналыш, кеңешме, жолугушуулар, жана башка,
жана башка саясий жана мамлекеттик опур-топурлар ошо
күнү болбоду?..
Ошол түнү мен аябай азап чектим жана таптакыр
тынчый албадым. Зэк Руна мени ойлонтту да койду, жарга
students.com. kg 299камады — анан калса биздин ишибизде айлана-
чөйрөдөгүлөрдүн ичинен эч ким күмөн санаган эмес да,
же мага ошондой көрүндүбү?
Анткени менен ал өзүн да аяган жок, өзүн көз көрүнөө
курман кылды да койду! Ушундай да болобу?! Ал эмне
үчүн мени куугунтуктоочунун жана прокурордун
карасанатай ролунда болууга мажбурлап жатат? Чынында
эле мага айып коюш үчүн өзүн дагы көптөгөн жылдарга
эрксиз калтырууга бардыбы?! Бир жагынан аны
түшүнүүгө болот — өз позициясын, өз чындыгын айтууну
максат кылган соң, анын колунан келген иши жалгыз
ушул. Ал муну ачык, эл алдында айтууга — же көчөдө, же
чогулушта, же андан бетер чет өлкөлүк
корреспонденттерге айтууга анын мүмкүнчүлүгү жок. Ал
зонага тыкшырылган. .. Эми аны жаңы жазалоо күтөт...
Дагы жакшы, биздин ортобуздагы болгонду эч ким
билбейт, дагы жакшы, мен эч кимге эч нерсе деген
жокмун, дагы жакшы, аны кайрадан чакырууга көрсөтмө
бердим. Ооба, эртең күндүзгү саат экиде аны алып
келишет, Али баары бүткөн жок, али ишти оңдосо болот.
Мүмкүн аны кайрадан соттоодон сактап калууга болор...
Мен ушул ойго улам көбүрөөк муюй бердим,
көңүлүмдө аны арачалап калсам, жазалоодон куткарсам,
деген ниет улам арбый берди, анан өзүмдүн ошол
дилгирлигимден менин жан-дүйнөм алгач ирет таанып
жаткан бир нерсе таптым, мен өзүмдү өзүм тааныбай,
өзүмдү өзүм ачып жаттым. Мага эмне болуп кетти? Аялды
түшүнсөм жана аны коргоп калсам деген ниет менен, мен
акырындап, эгер Руна Лопатина өз башын азапка байлап
коюп, мени айыптап жатса, анда ушунун өзү жогору
жактын буйругу болбоду бекен, ушунун өзү баарын
кечирүүчү Жараткан Эгебиздин өзүн коргогондугу
students.com. kg 300болбоду бекен?.. деген жыйынтыкка келдим. Баарын
кечирүүчүлүк деген эмне, деги ал кандай болот да,
эмнеден көрүнөт, мен муну мурда түшүнө алчу эмесмин,
мына эми гана капысынан сезе калдым: эгерде
түйүлдүктөрдү манипуляциялаган мен, текеберчиликтин
күүсү менен Кудайдын өзүн көкүрөккө түрткөн адамдын
өзү болсом, анда зэк Руна анын Айкөлдүгүнүн жана
Ырайымдуулугунун элчиси, эскертүүчүсү болбоду
бекен?. . Ушунун өзүндө мендеги Жакшылыктын бар, же
жок экендигин сыноо жок болбоду бекен?!
Мындай ой-санаалардан бирде жаным кейисе, бирде
жарпым жазылды. Мени көзүмдү ачууга, көңулүмдө күдүк
туудурууга, өзүмдүн текеберчилигимди жана
кесирдүүлүгүмдү сезүүгө мажбурлаган ошол аялга, ошол
зэкке мээримим төгүлүп, алкышым агылып турганын
сездим. Мен анын алдында башка адам болуп тургум
келгенин сездим. Ошол саатта Рунага, аны убактылуу
кармап турган атайын изоляторго, телефон чалууга
мүмкүн эместиги кандай өкүнүч. Мен ага канча көп
нерселерди айткым келди эле, андан канча көп жооп
уккум келди эле. Эгер мүмкүн болсо машинага олтуруп,
түн жамына ошол изоляторду көздөй зуулдап барып, аны
таап алып, сүйлөшсөң кана! Бирок бул дагы бар болгону
куру кыял эле. Менин колуман жалгыз келгени — эртеңки
жолугушууну күтүү; ал жолугушуу кандай болорун мен
көз алдыма келтирдим. Рунаны кабинетке узатып
келишип, сүйлөшүү үчүн калтырып кеткенден кийин, мен
анын жанына басып барам да, колунан кармап учурашам.
«Кечирип коюңуз, Руна, биз кечээ баштаган сөзүбүзгө
кайрылалы. Мен сиздин ой-санааңыздын баарын кунт
коюп угууга даярмын, сизден да ошону суранам. Менин
далилдеримди да угуп койсоңуз экен». — «Жарайт! —
students.com. kg 301дейт ал, анан чын ниети менен минтет: — А мен сизди,
профессор, кайрадан эч качан көрбөйм деп ойлогон элем.
Эртең менен мени баягы жериме кайра алып барат, зонама
кайра айдап барышат да, кайрадан соттошуп, анан андан
ары Сибирге, же Алтайга кубалап кетишет, деп күткөм,
бирок кезектеги көзөмөлчү келип, капысынан мени
кайрадан профессор Крыльцов Андрей Андреевичке
чакырып жатат, дейт. Анан минтип келип турам...»
«О кудурети күчтүү Кудай! Мени бул эмне кылганың?
— деп күбүрөдүм мен аргам түгөнүп. — Бала болуп
кеттим го, кой де мени, мен бала болуп баратам!»
Ооба, албетте, күлүстөн болуп туруп, күлкүгө айланып
калуунун арасы аз эле; мейли, күлкү болсом болоюн,
бирок мен баары дал ошол түнкү менин кыялымдагыдай
болушуна жан-дилим менен даяр элем. Ошондой болсо
мейли эле, эңсеген эсерликти күтүүнүн өзү да кандай
бакыт! Анан капыстан менин жан-дүйнөмдү кучагына
алган ушул эргүүлөрдүн баарынын далдасынан,
горизонттогу кара булуттай болуп, мен үчүн оор
күмөндөнүү чыга келди — чынында эле инкубалардын
курсагында иксроддорду өстүрүүгө менин моралдык
укугум бар беле? Менин иш-аракеттеримди кандай бийик
максаттар актай алар эле? Калп айтканда эмине, ушуга
окшогон күдүк ойлор менде дайыма болор эле, бирок мен
да жана менин коллегаларымдын ичинен эч кимиси эч
качан аны ачык айтчу эмес. Илимдин жетишкендиктери
бизди өз көз алдыбызда эле эмес, коомдун алдында да
зоболобузду көтөрдү. Бирок кээде илим менен абийир
канчалык шайкеш келбегендигинин, көп учурда илим
менен кылмышкердик кандай өз ара байланышта
экендигинин мисалын издеп XX кылымда алыс баруунун
кереги жок.
students.com. kg 302Анан минтип түрмөнүн туткуну ойготкон менин
абийирим тилге кирген учур келди. Жашырын ата-энелүү
жашырын балдарды өндүрүүнүн, аларды инкубалардын
жардамы менен жарыкка чыгаруунун адамзатка каршы
экендигин моюнга алуу — Руна мени мына ушуга ойготту.
Аны мага эмне алып келди, ажал босогосуна чейин
бизди эмне байланыштырды, аны тагдыр билсин... Аны
мен айта албайм...
Ошол түн бурулуштун түнү болду. Өзүнүн болуп
көрбөгөндөй жанкечтилиги менен, акыл жеткис өкүмдүгү
менен мени таң калтырган аялдан кечирим суроого мен
даяр болчумун. Мен адамзатка алып келаткан
жамандыкты четке кагыш үчүн анын алдында тизе
бүгүүгө даяр турдум. Эгер ал менин сүйүүмдү кабыл алса
жана ошого жараша жооп берсе, анда мен анын колун
сурамакмын. .. Ооба, ооба!
Ал кандайча ишке ашарын мен көз алдыма келтире
албадым, анткени ал көп жылга кесилген эмеспи, бирок ал
«макул» дей турган болсо, анда мен аны менен кайда
болсо бирге качууга — токойго, тоого, деңиздин ары
жагына барууга — иши кылып эле бирге болууга даяр
болчумун. .. Анан, мейли тентисем да, жаңы турмуш
баштасам да, ал мен үчүн менин жаман жөрөлгөлүү
өткөндөгүлөрүмдүн күнөөсүнөн арылганым болмок...
Ушинтип бир ойлоп алган жаным, эми өзүмдү токтото
алмак эмесмин. Менин кыялым чек дегенди билбеди. Мен
өзүмдө аеосуз, кылчаюусуз революция жасадым.
Өлчөөсүз кыялдандым. Менин жаңы турмушум эртеңки
күндөн, Рунаны мага алып келишкен жана биз экөөбүз
өзүбүзчө калган сааттан башталмак. Мен ага мевде кандай
өзгөрүүлөр болгонун түшүндүрүүгө, башыман кечирген
катарсис жөнүндө айтууга, мен баарына даяр экениме
students.com. kg 303ишендирүүгө аракеттенем. Бир гана ал «макул» десе экен,
менден ал сүйүп калуучу адамды көрсө экен. Бир гана ал
менин ниетимдин актыгына көзү жетсе экен, бизге бирге
болуу зарыл экендигине ишенсе экен...
Мен диванда тынчы жок, сергек уйкуга кеткенде түн
эбак жарымынан ооп кеткен. Танга жуук асман жарк-журк
этип, чагылган чартылдап, күн күркүрөгөнүн эшиттим.
Чатыр дыбырттап, сыртта нөшөрлөгөн жамгыр куюп
жатты. Көзүм жумулуу жаткан боюнча мен жаратылышта
эмне болуп жатканып көрдүм, жанагы күндүн
күркүрөгөнүн мен өзүм жараткансып, асманда чагылган
чартылдап жатканып көрдүм, нөшөрлөгөн жамгырдан бак-
дарактардын бутактары кантип ийилип жатканын көрдүм,
мен өздөрүнө баш пааналай турган жай издешип, алаамат
түшүп жаткан асманда жан талаша удургуп учуп
жүрүшкөн парандалардын калың тобун көрдүм.
Анан мен да ошол чагылганы чартылдаган асман
мейкиндигинде учуп жүрдүм. Мен терезеден форточка
аркылуу учуп чыктым, чатырлардын, көчөлөрдүн жана
парктын үстүндө сабаладым. Чагылганды жана
булуттарды аралап, көзүм көрбөгөнүнө карабай, болжол
менен учтум, — анткени төмөн жакта кайсы бир жерде
түрмө бар болчу, күндүн күркүрөгөнүн ал да, инкуба
болуудан баш тарткан аял да, укту... «Руна! Руна! — деп
кыйкырдым мен. — Бул менмин! Сени издеп жүрөм!»
Мен ага асмандан кыйкырган ошол күн күркүрөгөн саатта
ал эмне жөнүндө ойлоду экен?..
Эртеси күнү, биздин клиниканын бардык кызматтары,
боло жүргөндөгүдөй, так иштеши үчүн мен иштеп
жаткандай түр көрсөтүп, өзүмдү колго алуу мага бир топ
кыйынчылыкка турду. Баары демейдеги тартиби менен
баратты. Менин эми баягы эместигимди
students.com. kg 304коллегаларымдын, кызматчылардын эч кимиси
байкабады. ..
Мен келчү өз саатымды күтүп жаттым. Убакыт өтпөй
койду зарыктырып.
Мен көпчүлүктүн көз алдындагы адам болчумун, мен
демейдегидей эле өз милдетимди аткара бердим. Бирок
бул эми баягы мен эмес болчумун...
Убакыт зарыктырып узакка созулду...
Белгиленген саат жакындап келатты.
Мен Рунаны мына келет, ана келет деп күтүп
жаттым. .. Бирок аны дале болсо алып келишпеди.
Дагы чейрек саат өтүп кетти. Бирок — жок. Мен
машина качан чыккандыгын телефон чалып билгиле, деп
тапшырма бердим... Секретарь чалса, машина белгиленген
маалда чыгып кеткендигин айтышыптыр.
Мен тынчсыздана баштадым. Эмне болушу мүмкүн?
Кокус жолдо кырсыкка учураштыбы?
Сааттын жебеси үчкө жакындап келатты. Эми качан?
Мен өзүм чалдым. Машина бир нерсе болду көрүнөт,
дешти мага. Ушул учурда секретарша чуркап кирди. Өң-
алаты жок.
—Эмне болуп кетти? — деп кыйкырдым мен,
—Пациент аял өлүп калды!
— Өлүп калганы кандай? Кайсы пациент аял?
— Биз күтүп жаткан пациент. Азыр зле жолдон
телефон чалышты.
—Авариябы? ..
—Жок, авария эмес. Ал качыптыр...
— Качыптыр?.. Анан эмне?
— Өлтүрүп коюшуптур.
—Түшүнбөй турам!..
—Азыр келип, айтып беребиз дешти...
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Topcubai   17 Август 2014 - 08:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Ооба, камактагы А—6—87 номерлүү Р. Ф.
Лопатинаны, мурунку мен берген көрсөтмө боюнча,
белгиленген убакытта клиникага жеткириш үчүн машина
менен алып келе жатышыптыр.
Жолдон, шаардын сыртынан, жол токойду аралап,
Москва- дарыясына жакын өтүүчү жерге келгенде, зэк
жүрөгүм айланып чыкты, чыдай албай баратам, машинаны
токтоткула, кусканы жатам деп суранып, анан талап кыла
баштаптыр. ..
Токтоого аргасыз болушуптур. Зэк жолдон ары бир
нече кадам жасаптыр да, анан капысынан бадалдарды
аралап, качып жөнөптүр. Узатып жүргөн сакчы аял
артынан түшүптүр. Ал токто деп буюруптур. Бирок тигил
кете берет. Сакчы: «Атып салам!» — деп кыйкырат
артынан. Эскертүү берип эки жолу асманга атат. Аны
тирүү кармап калуу үчүн сакчы кууп жетүүгө аракет
кылыптыр. Аңгыча алдыдан бурулуп аккан Москва-
дарыянын жээги туш келиптир да, зэк ошол чуркап
бараткан бойдон сууга бой таштаптыр. Сакчынын атуудан
башка аргасы калбаптыр. Зэк аял өлүптүр. Сөөгүн суудан
сүйрөп чыгарып алышыптыр...
Ал эмнеге ушундай кылды? — деп мен кийин өзүмө
миң жолу суроо бердим. Эмне үчүн? Бул эмне? Аргасы
түгөнгөндөнбү? Корккондонбу? Же бул нааразычылык
билдирүүнүн формасы болдубу?
Эч ким жооп бере албайт... Кандай келсе, ошондой
кетти.. . ал биздин эксперименттерибиздин биринчи
курмандыгы болду.
Кечке чейин кабинеттен чыккан жокмун. Бекинип
алып олтура бердим. Менин эмне болуп жатканымды эч
ким биле алмак эмес. Мен өзүм даяр болгон нерсеге ал
ушунчалык калыбына келгис жол менен жолто
students.com. kg 306болбогондо эмине, аттиң! Анын өлүп калганы кандай
арман, мен ага чындык ал тарапта экендигин, кандай баш
айлантар бийиктикке көтөрүлсө да илимдин
жетишкендиктери утурумдук, анын прогрессинде чек жок,
бирок, ал абийирге салыштырганда түккө турбайт.
Түбөлуктүүлүктүн маңызын жана өнүгүүсүн өзүнө
камтыган Рух эзели теңдешсиз... деп айтарымды укпай
кете бергендиги кандай арман.
Мен кабинетимде олтуруп алып, буркурап ыйладым.
Өмүрүмдө бир гана жолу көргөн аялга буркурап
ыйладым. .. Ал аялсыз менин калган өмүрүм бактысыз
өтөрүн түшүнүп турдум...
Кечинде жолго чыктым, бирок ошол кайгылуу окуя
болтон жерге, токойдун ары жагындагы Москва-дарыянын
бурулушуна жакындаганда, токтодум да, кайра артыма
бурулдум. Бул анын өлгөн жери болучу, ал ушул токойду
аралай качып, дарыяга бой таштаган. Айланма жолго
салып кеттим...
Эгер аргасыздыктын өлчөмү бар болсо, анда мен үйдө
олтуруп, анын өлчөмүн толугу менен сездим. Мага
ушунун өзү жаза болгон жокпу? Мен түн ичинде жалгыз
үйдө олтуруп алып, өкүрүп-бакырдым, буркурап
ыйладым. .. Ал жок. Менин ага айтайын дегенимди,
ачайын деген сырымды эми ал эч качан билбейт. Ал
өмүрүнүн акыркы учуруна чейин мен жөнүндө өзүнүн
илимий ачылыштарын иксроддорду өстүрүп чыгарууга
пайдаланган шүмшүк катары ойлоду... Бөтөлкөнүн
оозунан шыңгыта жутканыма карабай, ичкилик да менин
кайгыма аралжы боло албады. Мындайда балким жардам
берер деген музыка уккум келди, бирок андай музыка жок
эле...
students.com. kg 307Андай музыканы, мүмкүн, менде дайыма бугуп жаткан
музыканы мен күтүүсүздөн бир нече жылдан кийин уктум.
Пароход менен Жапон деңизинде сүзүп бара жаткам.
Күүгүм кирип калган маал. Жылдыздуу асман алдында
катып калган аралдардын дүпүйгөн караандары деңиздин
ар кай жеринен Мезгил жана Материянын жуурундусу
сыяктуу сырдуу караят. Теребел тымтырс, салкын, көзгө
көрүнбөгөн толкундардын угулар-угулбас шарпасы... Биз,
бир нече советтик окумуштуу, Нагояга конференцияга
келген элек.
Менин коллегаларым жана тилмечтер барда
калышкан. Мен сырдуу жана ээн аралдарды кароодон
көзүм талбай, палубада аркы-терки басып жүрдүм.
Жээктеги оттор өтө алыс, араң байкаларлык болчу. Биз
ошол тарапка бараттык. Пароходдо адамды алкынып-
жулкунууга, серпилип-секирүүгө чакырган рок-музыка
тынымсыз даңгырап, кулак-мээни тундуруп жатты.
Капысынан рок тып басылды. Анан мукам ыр угулду. Бул
жапон энкасы, лирика эле, ашыгына болгон кусалык,
арзуу жана арман, күтүү менен коштошуу эле... Ошондо
мен Ал ушул эле бир жакын жерде, мүмкүн, тээ-тигил
аралда, анан ал ушул ырды угуп жатат жана менин ал
жөнүндө ойлоп жатканымды билет, деп ойлодум...
Мен ошондо баарынан, баарынан алыс кетишим керек
экенин түшүндүм...
Кайра куруунун жылдарында иксроддорду өстүрүп
чыгаруу токтотулду. Горбачевдо болдум. Анан жарым
жылдан кийин космоско, орбиталык станцияга жөнөдүм.
Ушул жерден мен космостук монах Филофей болуп
алдым. Сырттан караганда апендичилик сыяктанып
көрүнөт. Бирок мен үчүн таптакыр апендичилик эмес...
students.com. kg 308Менин өткөндөгүм мага тынчтык бербеди, менин
артыман түшүп алды. Эми алкымга тыгылган сөөктөй,
алдымда чечилбеген суроо турат — туулууга үлгүрүшкөн,
эми болсо өсүп келатышкан иксроддор эмне болот?..
Алардын кайдан чыккандыгы белгисиз кезде, бул жөнүндө
эч ким билбейт. Тагыраак айтканда, аз гана адам — менин
мурдагы коллегаларым — билет. Алар мен жөнүндө:
динбузар, космоско чыга качты, кетти... деп жатышкан
болуу керек... Бирок алар эмне дешсе ошол дей беришсин,
менин тынчымды алган ал эмес. Мен өзүмдү кантип
каргаарымды, кантип өзүмдү шүмшүйгөн мозахист, санда
жок дөбөт деп сөгөөрүмдү эч ким билбейт! Мен азыр
жерге түшүп, анан биздин лабораториянын
тажрыйбаларынын натыйжасында туулган бөбөктөрдүн
көздөрүн тик карасам болор эле!.. Мен муну эмнеге жазып
жатам? Анткени биз жасаган иштер кайра калыбына
келгис, ошону үчүн жазып жатам. Туулгандан казыналык
болуп калышкан адамдар эмне болушат? Анткени эртең
алар ким экендиктери жөнүндө билишет.
Алар коомго кандай жакшылык жасашат? Кийин
иксроддор адамзаттан өч алгысы, мүлдө жарыкчылыкты
астым-үстүм кылгысы келбес бекен?! Эми минтип мен бул
жерде, космосто, алар, иксроддор, тыякта чоңоюп
жатканы — бул бир алаамат! Башка сөз табуу кыйын. Мен
эч качан алардын келечеги үчүн жоопкерчилик алган
эмесмин, мен бар болгону алардын төрөлүшүнүн илимий
проблемаларын гана чеччүмүн дешим мүмкүн эле өзүмө.
Бирок ушул актануу боло алабы?! Алар күнөөлүүлөрдү,
«кылгылыкты кылып коюшуп, анан, баары астым-үстүм
болгондо жана башка айлампага түшкөндө качып
жоголгон немелерди кайдан издешмек. Жада калса КГБ
бул да жок болду. А мүмкүн жок болгон эместир... А жок
students.com. kg 309болбосо балакет бассын...»
Филофейдин Жансыры ушул жерден үзүлүп калды.
Жансырдын тексттин, Филофейден калган бул акыркы
кабарды Энтони Юнгер кыштын башында алды.
Эч кимдин башына келбей турган кызыктай окуя, деп
кейиштүү ойлоду Энтони кыштын ошол таңында; рулда
олтуруп, сыртта сампарлаган карга көз жиберүү менен. Ал
түндө окуп чыккан Филофейдин жазып калтырган
Жансырынын таасиринен чыга албай, ойлуу эле.
Таң каларлык, деп ойлоду ал, эч ким минтип өлгөн
эмес. Эми Филофей космостук мумия болуп, ааламдын
бир жеринде калкып жүрөт, планетадан сыртта өз жанын
өзү кыйган жалгыз адам. Анын жаны тунжураган
жымжырттыктан жай алды. Эми минтип өзүн кайрадан
эске салууда...
Ырас эле анын тагдыры сабак болгондугунда
кандайдыр бир бийик маани бар деп ойлоого болот. Ооба.
Бирок куну кандай деңиз?!
Мындай жолдо кун дайыма кымбат. Анан калса
бардык мезгил үчүн бир жолу улуу Сабак болду эле го.
Куну — Голгофа. Ар нерсенин өз куну бар. Бул болсо өз
кунун космосто төлөдү.
Аны балдар үйүнүн крыльцосуна алып келатканда
энесинин таман алдындагы кардын кычыраганы ага
космосто да угулат болду бекен? Аны көкүрөгүнө кысып
алып, акыркы жолу көтөрүп келаткан энесинин жүрөгүнүн
дүк-дүк какканы ага космосто да угулат болду бекен?..
students.com. kg 310АЙТМАТОВ КОСМОСУ — АДАМ ЖАНА
ААЛАМ
Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы»
романындагы көтөрүлгөн глобалдык проблемаларды жан
дүйнөм менен кабылдап, ойдон ойго чөмүлүп, Жер менен
Космостун чексиз мейкиндигинде жан-алакетке түшүп
жатканда негедир элибиздин ой менен сөздүн эң бийик,
ыйык синтезин көрсөткөн ташка тамга баскандай элестүү
да, көркөмдүү да, маанилүү да терең асыл касиет —
кереметтерди камтыган өмүр менен өлүмгө, адам жана
коомго байланыштуу нечендеген макал-лакаптарын
айласыз эскерип жаттым: «Жакшыдан жаман туулса
чыгаша», «Баланын туулганына сүйүнбө, тураарына
сүйүн», «Баланын өзүн төрөйт, кыял-жоругун кошо
төрөбөйт», «Бири тентек чыкса, бири жөртөк болот»,
«Бала жакшысы — атанын даңкы, кыз жакшысы —
эненин баркы» ж.б.
Анан да кандайдыр бир катуу өкүм менен «Туулбай
туураңдан калгыр» деп коюшат. Эмне үчүн?!
Кастыктанбы? ! Көрө албастыктанбы? ! Кара
өзгөйлүктөнбү? ! Өзүмчүлдүктөнбү? !.
Айтматовдун планетардык ой жүгүртүүсү Адамзат
менен Аалам масштабында адам жашоосунун,
тагдырынын келечектеги эволюциясы жөнүндө сөз
кылууга мүмкүндүк берет. Айтматов дүйнөнүн төрт
бурчунда жашаган жүздөгөн элдердин психологиясынын
экстремалдык кырдаалга байланыштуу өзгөрүшүнө
космостук бийиктиктен байкоо салат. Космос — бул автор
үчүн Аалам гана эмес, Адам рухунун байлыгы. А рух —
адамзаттын түбөлүк категориясы. Чыңгыз Айтматовдун
Ааламы — Мейкиндик жана Мезгил жагынан чектелбеген
students.com. kg 311чексиз бүткүл дүйнө. Айтматовдун Космосу — адам
интеллектисинин бийиктиги.
Жазуучу адам баласынын өзүн-өзү таанып-билүү
процессинин эң татаал баскычтарына, коомдун жана
ойлоонун өнүгүшүнүн ички сырына, маңызына,
закондоруна, генетикадагы теориялардын адамзаттын
жашоосу үчүн ролуна жана биохимиялык, мутагендик
методдордун жеке адамдын психологиялык өнүгүш
процессине зор таасирине, менделизм менен
дарвинизмдин концепцияларына, адам баласынын
эмбриондук өнүгүшүнө бекер кызыгып жатпагандыгын
көрөбүз. Эмбриондук өнүгүү — органазмдин жекече
өөрчүшү энелик клеткадан — зиготадан башталган менен,
анын бүткүл дүйнөлүк жалпы социалдык-психологиялык,
философиялык- нравалык, моралдык-эстетикалык мааниге
эгедер экендиги «Кассандра тамгасы» романынын эң
башкы тематикасы.
Кассандра тамгасы — бул эмбриондун жашоодон,
жарык дүйнөгө келүүдөн, келечектеги жоопкерчиликтен,
милдеттен баш тартуусу, коомчулукка билдирүүсү.
Кассандра тамгасынын сигнал белгиси аркылуу
негативдүү түйүлдүктөн адам баласынын «бешенесине
жазылган тагдырды» байкап билсе болот экен. Анын өмүр
сүрүшү өзүнө эмес, биосфера менен геосферага тыгыз
байланыштуу. Кассандро-эмбриондун сигнал-белгисин
этибарга албоо — Адамзат менен Ааламдын
түбөлүктүүлүгүнө, өсүп-өнүгүшүнө кайдыгер кароо
дегендик.
«Трибюн» газетасынын баш редакторуна Космостон
келген кабар-факс адамзат баласынын тарыхында
дүйнөлүк масштабдагы сенсациялык мааниге ээ эле. Бул
кабар-факсты жарыялоо канчалык сыймык болсо,
students.com. kg 312ошончолук деңгээлде жоопкерчилик милдети турган
болчу. Ошондуктан редколлегиянын кеңешмеси
шашылыш өтүп, алар «ийри отуруп, түз кеңешип», «жети
өлчөп, бир кесишип», кантсе да космостук кайрылууну
окурмандарга жеткирүүнү туура табышат. Корреспондент-
кызматкерлерге кимдир бирөөлөр менен бул окуя
тууралуу пикир алышууга, телефондорго, факстарга жооп
берүүгө, окурмандарды редакциянын имаратына
киргизүүгө катуу буйрук берилип, талап коюлат. Ошону
менен бирге «Трибюн» газетасы бир келген сенсациялык
«шансты» кое бербегенге, кабылдаган кабар-факсты
тезирээк жеткирүүгө ынтызар болчу, анткени анын
номери кичине эле кечиксе, бул материалды башка
газеталар жарыялап жибериши толук мүмкүн эле.
Космостон Жерге кайра кайтып келүүдөн баш тартып,
орбиталык станцияда жападан жалгыз калып калган бир
чети орус окумуштуусу, бир чети Филофей деп өзүнө
жалган атак берген Андрей Андреевич Крыльцов илимий
ачылышынын дүйнөлүк мааниси жөнүндө Рим папасына
жазган катынын мазмуну адам баласынын эмбриондук
өнүгүшүнө, тукум куучулукка, онтогенез менен
филогенезге, генотипке, генофондго, биобашкарууга,
биосинтезге, биоматерияга барып такалат. Энеде эмбрион
(түйүлдүк) пайда болгондон алгачкы күндөрдө эле
интуитивдүү түрдө алдын ала аны турмуштун кандай
тагдыры күтүп тургандыгын жана ага өзү эмбрион
кандайча мамиледе болорун туят. Эгерде ал мамиле
негативдүүлүктөн кабар берсе, анда кассандро-эмбрион
жарык дүйиөгө келүүгө каршылык көрсөтүү
жөндөмдүүлүгүнө ээ болот.
Филофейдин эксперименттик методу — илимий
ачылышы космостон зондаж-нурду жиберүү менен
students.com. kg 313энелердин курсагындагы түйүлдүктөн коом үчүн жакшы,
же жаман адам баласы жашоого келерин билдирет.
Эмбриондун негативдүү реакциясы аялдардын
маңдайындагы пигменттүү тактан көрүнөт. Эгер ал так,
темгил бар болсо ата-эне гана эмес, жалпы континенттеги
адамдар тынчсызданышы керек. Филофейдин теориясы
боюнча негативдүү кассандро-эмбрионго өз каалоосу
менен бул жашоого мүмкүндүк бербөө — бул согуштан,
кан төгүүдөн, жакырчылыктан, кайгы-кападан, кыямат-
кайымдан алыс болуу гарантиясына кепилдигине ээ кылат.
Балким, Филофейдин теориясынын акыйкаттыгы
бардыр: андай болгондо канчалаган аборттор жасалып,
канчалаган наристелер таштандыларга ыргьгтылбайт эле!
Алардын убал сообу кимде?! Келечекте Гитлер сыяктуу
фашист диктаторлор жаралбас эле, Югославиядагы,
Карабахтагы, Чеченстандагы кандуу кагылышуулар,
мафия, наркомандар, түрмөдөгү бандиттер чыкпас эле,
балким, бул болочоктогу кассандро-эмбриондун ата-энеси
үчүн да керектир. Жерде жашоо-тиричилик улана берүү
үчүн адамдардын сансыз сапатсыз санынын зарылдыгы
жоктур! Ядролук, биологиялык, химиялык курал-
жарактарды ойлоп чыгаруу токтолор! Ошондо жакшылык
жамандыктын үстүнөн биротоло жеңип чыгар! Бул —
утопиябы? ! Фантазиябы? ! Иллюзиябы?! Гипотезабы? !.
Белгилүү америкалык футуролог Роберт Борктун
«Трибюн» газетасындагы космостук кайрылууга
окумуштуулук көз карашы коомчулук үчүн зарыл керек
эле! Ал кандай позицияны ээлейт?! Анын жеке пикири
көпчүлүктүкүнө төп келбей калса кандай болот?! Ал
окумуштуулук абийирин өмүрүнүн аягына чейин сактап
кала алабы?!
Борк «Трибюн» газетасындагы илимий ачылышты
students.com. kg 314аялы Жессиден укканда, ага анча маани берген эмес эле.
Бирок Кассандра тамгасы тууралуу ой анын ички
дүйнөсүнө тынчтык бербейт, качандыр бир жаштык
кездеринде келечектеги адамзаттын жашоосун
интеллектуалдуу моделдерден түзүү жөнүндөгү
дискуссиянын бирден бир жактоочусу болушу түпкүрүндө
түйүлүп жаткан сырдын эртедир-кечтир чечмеленишин
күтүп жаткан. Кассандра тамгасынын айланасындагы окуя
Боркту идея үчүн башкалар менен ачык кагылышка алып
барышы мыйзам-ченемдүү болчу.
Ч. Айтматов Борктун образы аркылуу прогрессивдүү
көз караштагы, гуманист, чынчыл, абийирдүү, илимдин
өсүп-өнүгүшү үчүн күйүп-бышкан окумуштуунун образын
окурмандарга элестүү тарта алган. Автордун позициясы
каарман тарапта экендигин айтпасак да түшүнүктүү.
Каарман — окуяларды синтездеп турган эң башкы борбор.
Борктун окумуштуулук да, адамкерчилик да
принципиалдуулугу президенттикке ат салышып, өзүнүн
кандидатурасын көрсөтүп жаткан эски бир таанышы
Оливер Ордок менен телефондон алгач сүйлөшүүсүнөн
эле билинет. Ал Филофейдин теориясын башкаларга
окшоп тайсалдап, кыргызча айтканда «келмеси оозунан
түшүп» кабыл албайт, бардыгына акыл-эстүүлүк,
сабырдуулук, токтоолук, илимдеги ири ачылыштын бир
түрү катары мамиле кылат.
Борктун жердеги Филофей катары чыга келиши да
автор тарабынан психологиялык жактан терең
ынандырылган. Жазуучу сүрөттөгөндөй, каармандын
тажрыйбасы, эрудициясы гана Филофейдин теориясына
объективдүү баа берүүгө мүмкүн эле. Окумуштуу
коомчулуктун алдында өз пикирин жарыялоону туура
табат. Анын макаласында «Адам» деген түшүнүктү
students.com. kg 315комплекстүү — социалдык, философиялык, биологиялык,
психологиялык, нравалык ж. б. жактан карап, Филофейдин
теориясынын реалдуулугун илимий аргументтүү негизде
бекемдеши тагдырындагы эң бир орчундуу
проблемалардын бири эле. Ошондуктан жазуучу
каарманынын жөн эле космостук идеянын пикирлеши гана
эмес, анын ички дүйнөсү ага дапдаяр катары чагылдырат.
Каармандын өзүнүн нечен жылдардан берки илимий
изилдөөсүнүн жыйынтыгы да эртедир-кечтир
Филофейдин теориясына жакын ачылышты берүүгө
жакындап калган. Борктун жеке тагдыры да космостогу
Филофейдин тагдырына чырмалышып байланган. Жалгыз
кызы да, аялы да Боркту идеядан баш тартуудан токтото
албайт. Ал башын баталгага коюп койгон болчу.
Жашоонун маңызы, адамзат тагдыры, өмүр жана өлүм,
диний ишенимдер, жакшылык жана жамандык, жан-
жаныбарлардан тартып космостук сигнал-эскерүүлөргө
маани берүү — Борктун илимий макаласынын негизин
түзүп жаткан.
Бирок коомчулук Боркту түшүнгөн жок. Анын ысмын,
намысын, абийирин булгаган баракчалар таратыла
башталат. Анын сөзүн угушпай, сүйрөп, койгулап, башын
жарып өлтүрүшөт. Бул трагедия, биринчиден, адам
баласынын идея үчүн керт башын сайып койгондугун
түшүндүрсө, экинчиден, пенделердин мыкаачылыгын,
жоопкерсиздигин, абийирсиздигин билдирет. Жакшылык
жок, жамандык бар. Ч. Айтматовдун каарманы кайрадан
улуу трагедияга кириптер болот. Трагедия демекчи, ал
өлүм менен гана чектелбейт эмеспи! Жазуучу каарманын
окуялардын башынан баштап эле трагедиялык чечилишке
психологиялык жактан даярдагандыктан, жалпы
жыйынтык мыйзам-ченемдүүлүктөн келип чыгат. Борктун
students.com. kg 316окумуштуулук патриоттуулугу, ишмердүүлүгү,
активдүүлүгү, чынчылдыгы улуу трагедияны жаратат.
Полицейский аял наркоман мафияга күрөшүп жатып,
өзүнүн маңдайында Кассандра белгиси пайда болуп,
келечекте көз жара турган баласы жөнүндө трагедиядан
сигнал- кабар берип жатканын билбейт. Баласы
чоңойгондо мафиячыл, кылмышкер болсо эмне болот?!
Ушундай баланын жарык дүйнөгө келиши туурабы?! Эмне
үчүн кассандро-эмбриондун пайда болушуна аялдар гана
күнөөлүү? !. Эркектерчи? ! Эмбрионго катышы жокпу?!.
Оливер Ордоктун ички дүйнөсү Роберт Борк менен
Энтони Юнгердин көз карашына карама-каршы. Ал өз
кызыкчылыгы үчүн бардыгын сатып жиберүүгө даяр.
Анын эки жүздүүлүк интригасы шайлоочулар менен
жолугушууда ачык айкын билинет. Борктун пикирин
билип алгандан кийин, аны сасык саясатка аралаштырып,
ар бир «шансты» жеке өз карьерасы үчүн жумшайт. Ч.
Айтматовдун сүрөттөөсүндө каармандын трагедиясы —
рухий дүйнөсүнүн жардылыгында, саясий сокурдугунда.
Эмоция, кызыл-кандуулук, бир беткейлик, аша
чапкандык, ала бармандык митингичилерди ээлеп алганда,
сел сымал каптап кетет. Өрт коюу үчүн ширенкени гана
тартып жиберүү керек. Мына ушул ситуацияны сезген
Оливер Ордок шайлоочуларды Филофейден, Борктон өч
алууга үндөсө, шайлоочулар болсо аны президенттикке
бир добуштан шайлоого убадаларын беришет. Жалгандык
акыйкаттыкты басмырлайт, абийирсиздик тазалыкты
тепсейт. Чындык чыркырайт, бирок аны уккан эч ким жок,
эч кимдин уккусу да келбейт, Дүйнөдөгү жашоо дал
жамандыктан — зордук-зомбулуктан, алдамчылыктан,
көрө албастыктан, эки жүздүүлүктөн, сатып
жиберүүчүлүктөн тургандай элес калтырат. Бул өзүнчө
students.com. kg 317трагедия эле.
А бирок жазуучу Энтони Юнгердин жаркын образы
аркылуу жакшылыктан үмүт үзбөш керектигин
чагылдырат. Энтони Юнгер — Абийир, Ишеним, Келечек.
Ал адамдын таза жүрөгүнөн, бийиктигинен Оливер
Ордоктон кол үзүп, Борк менен Филофейдин идеяларын
жактоочусу жана улантуучусу катары чыга келет.
Коомчулукка кассандро-эмбрион теорияны түшүндүрүү
зарылдыгын түшүнүп, Борк, Филофей менен түз эфир
уюштурууга аракеттенет. Муундардын байланышынан
адам баласынын тарыхый барактарында Улуу Идея,
Адамдын Улуулугу жашап кала берери көрүнөт. Чыңгыз
Айтматовдун каармандары Абийирдүү Жашоону
даңазалашат.
Чынгыз Айтматов мурдагы чыгармаларында («Ак
кеме», «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт») адам
баласынын жаралышын байыркы ата-бабалардын
тарыхына кайрылып, философиялык мааниси бар
легендаларга, уламыштарга, мифтерге байланыштырып
чечмелесе, «Кассандра тамгасында» «Адам баласы кантип
жаралып жатат» деген суроого бүгүнкү илимий-
техникалык революциянын ири жетишкендигинен жооп
издейт. Табияттын гармониясы бузулуп, жасалмалуулук
каптап барат, каптап барат...
Фантастика темасы — Ч. Айтматов үчүн өтө тааныш.
«Кылым карытар бир күндөгү» Космос проблемасы жаңы
романда уланып жатат. Космос — Жер — Космос!
Паритет- космонавттардын аң-сезиминдеги революциялык
бурулуштар Филофейдин аң-сезиминде жаңыланып
жатышы бекеринен эмес. Улуу ачылыштар, байкоолор
бийик Орбиталдык станциядан — Космостон гана жарала
алмакчы. Ч. Айтматов фантастикалык ой-идеялардын
students.com. kg 318жаратуучусу, а бирок анын негизинде реалдуулуктун
«үрөөн- уругу» жаткандыгын айдан-ачык эле байкоого
болот.
Ч. Айтматовдун романынын сюжеттик канвасы ар
тараптуу өнүгөт. «Кассандра тамгасынын» сюжеттик-
композициясы, тематикасы автордун мурдагы
чыгармаларынан түп-тамырынан айырмаланып турат.
Чыгарма публицистикалык стилде жазылган, автор үчүн
окуя куу максат эмес, каармандардын кыймыл-аракетинен
диалог, подтекст, ой жүгүртүү басымдуулук кылат, эң
башкысы генетика илиминин проблемаларына
философиялык, психологиялык, нравалык ракурстан
кароого кызыгат. Романдагы проблемалар — бардык
улутка, элге таандык, жалпы адамзаттык проблемалар.
Филофейдин кассандро-эмбрион теориясы жалпы
адамзат үчүн трагедия. Космостук кайрылуу романдагы
окуялардын өнүгүшүнө шарт тузүп, чыгарманын өзөгүн
ээлейт. Бекеринен Ч. Айтматов каарманынын
кайрылуусунун маанисин майдалап жазбайт. Филофей
илимий теориясын жөн гана баяндап койбостон, аны
практикада кездешүүчү реалдуулук катары көрсөтөт.
Космостук изилдөөнүн жетишкендиги адамдарды
жакшы, ынтымактуу жашоого чакырат, анткени көпчүлүк
маселелер өздөрүнүн колдорунда эмеспи! Кайсы
системада жашабасын, кайсы расада болбосун — Адам
бийик. Филофейдин кайрылуусун социалдык,
биологиялык, диндик, философиялык, моралдык
позициядан комплекстүү талдоо керек. Адамдын
ыйыктыгына шек келтирбөө бүгүнкүнүн жалпы
проблемасы. А бирок эки аяктуунун баары эле —
Адамбы? ! Туула тургандардын баары эле Адам боло
алабы?! «Ошол дагы Адамбы?!» деген кыргыздын
students.com. kg 319карапайым сөзү кайдан келип чыккан?!
Филофейдин теориясынын америкалык «Трибюн»
газетасына чыгышы жалпы планетадагы адамзаттын «төбө
чачын тик тургузду». Ата-эне кантип болочоктогу
наристесинен баш тартат?! Баланы тарбиялоого эмне үчүн
болбосун? ! Ар дайым кассандро-эмбрион негативдүү
сигнал- белги бере берсе, адамдын укум-тукуму көбөйбөй
калбайбы? ! Кассандро-эмбриондор дүйнөнү каптап
кетишсе, Адамзаттын тагдыры эмне болот?! Бул «Жакшы
атанын кашыктап жыйнаганын, жаман уул чөмүчтөп
чачат», «Жакшыга жанаш, жамандан адаш», «Ата
намысын арсыз уул кетирет», «Жакшы менен жүрсөн
жетерсиң муратка, жаман менен жүрсөң каларсың уятка»
дегендик эмеспи?! Филофейдин теориясына ишенүүгө
болобу? ! Ядролук курал жер шарын жок кылууга даяр
фанатик диктаттын колуна түшүп калса эмне болот?!
Водород бомбасынын атасы Сахаровдун өз идеясынан
баш тартканы ушундан болуп жүрбөсүн?!
Цивилизациянын жетишкендиги Адамзаттын келечегин
интеллектуалдуу «Рим клубунун» моделиндегидей
конструкциялоого мүмкүндүк бере алабы?!
Филофейдин теориясына каршы репортаждар
уюштурулуп, митингилер өткөрүлүп жатты: Адамдын
укугу кайда?! Коиституцияны бузуу дегендик эмеспи?!
Демократиялык өлкө деген ушулбу?! Жеке инсандын
тагдырына кийлигишүүгө, теорияга зордуктап жашатууга
кимдин акысы бар?! Аны Американын президенттигине
талапкерлигин көрсөткөн Оливер Ордок да өз
кызыкчылыгына колдон келишинче пайдаланып, кадыр-
баркын көтөргөнгө аракеттенди. Америкалыктар
Филофейди орустун агенти дешсе, кытайлар
социализмдин душманы, башкалары космостук азезил,
students.com. kg 320анархист азезил катары кабыл алышып, аны атып
түшүрүүнү талап кылып жатышты. Футуролог Роберт
Борк гана Филофейдин теориясында чындыктын данеги
бар экендигин тереңден түшүнө алды. Океанда эркин
сүзгөн киттер менен космостук илимий ачылыштын
ортосунда ички билинбеген табигый сырлуу байланыш
жаткандыгын туюп билди. Эмне үчүн киттер үйүрү менен
түнүчүндө жээкти көздөй сүзүп келип, өлүмгө өздөрү
кириптер болушат?! Киттер... киттер гана эмес, Кремлдин
дубалынын мунарасында көп жылдан бери уялаган үкү да
дүйнөдө бир балакет болорун сезип жатты...
Социализм. Капитализм. Демократия. Жазуучу
Кремлдин айланасындагы демонстранттардын,
митингичилердин эмоциялык ал-абалдарын таасирдүү
кино экранында түшүрулгөндөй жандуу сүрөттөйт.
Демократтар жана консерваторлор. Фиделисттер жана
саддамисттер. Ленин-сталинчилер жана гитлерчилер.
Интернационалисттер жана националисттер.
Пенсионерлер жана жаштар. Согушту каалоочулар жана
жек көрүүчүлөр. Эч ким эч кимди укпайт. Кыйкыруулар,
ызы-чуулар. Жарыша куралдануунун тарабындагылар
согушту каалабаган жаш жигитти токмоктоп жатышат,
экинчиси жаш кызды өлтүрүп, өрттөп жатат. Эч ким эч
кимге жоопкер эмес! Заман тарыган, пейил бузулган.
Толук анархия!! !
Романда фантастикалык идеялар, көркөм образдар
жыш болгондугуна карабастан, тарыхый адамдардын
Гитлер, Сталин, Горбачев, Сахаровдордун ысымдары
аталат. Албетте, жазуучу жөн эскерген жок, аларга
байланыштуу замандын «дөңгөлөгу» ар кандай айланды.
Ошондуктан, алардын тарыхтан алган ордулары да ар
башка.
students.com. kg 321Романда эл аралык «Ысык-Көл форумунун» «элеси»
да көрүнүп турат. Форумдун катышуучуларынын Адам
баласынын тагдыры жөнүндөгү көз караштары бир жерден
чыкты, дүйнөлүк пикирлештикти пайда кылды. Романдын
каармандары да форумдун катышуучулары болуп саналат.
Жаңыча ой жүгүртүү, маалымдуулук, интеллектуалдык,
дүйнөнүн келечеги, согушту жек көрүү сезими, адамдын
аң-сезиминин эволюциясы, элдердин мамилелеринин
этикасы жана философиясы, жаштар, илим-тарбия,
цивилизацияны сактап калуу ж. б. «Ысык-
көлчүлүктөрдүн» эл аралык жолугушуусундагы
талкуулардын аспектилери мына ушундай болгон. Ч.
Айтматовдун форумдун кеңешмелеринде сүйлөгөн
сөздөрүнүн мааниси романдын идеясы менен төп келип
жаткандыгы төгүн эмес. Публицистикага ширелген көз
караштары көркөм чыгармада улуу илимий-
фантастикалык идеяларга чейин өсүп чыкты.
Дүйнөнүн төрт бурчун дүрбөлөңгө түшүрүп жаткан
Филофей — орус окумуштуусу Крыльцов. Анын өмүрү
татаал. Согуш мезгилинде жарык дүйнөгө келген наристе
ата-энесинин ким экендигин билбейт, атасы, балким,
фашист- немец болушу мүмкүн, ал эми энеси болсо
намысына чыдай албай баланы таштап кеткен. Ажалы жок
экен, өлбөй-житпей чоңоюп, билим-илим алып,
окумуштуулук даражага жетишет.
Филофейдин теориясы жөн жерден чыга калбаптыр.
Филофей — Андрей Андреевич Крыльцов мурун өмүрүн
искроддорду — жаңы адамдардын түрүн анонимдүү
жасалма жол менен жаратуу проблемасын чечүүгө
арнаптыр. Искроддордун бүткүл дүйнөлүк-тарыхый
мааниси бар экен: туулган балдар ата-энелерин билбеши
керек, аларды интернат, детдом тарбиялап, багып өстүрүп,
students.com. kg 322билим берип, дүйнө жүзү боюнча коммунизмге эртерээк
жетүү үчүн илимдердин бардык жетишкендиктерин
пайдалануу зарыл. Ал үчүн Андрей Крыльцовдун
институтуна материалдык- техникалык, финансылык
жактан эбегейсиз жардам берилип турган. Түрмөгө
кесилип кеткен кыз-келиндерге генетикалык- биологиялык
эксперимент өткөрүлгөн. Искрод — бул «манкуртизмдин»
жаңы тиби, алар XXI кылымдын идеологиясынын
рыцарлары болушмак. Окумуштуу адамдарды
инкубатордон чыгаргандай эксперименттөө методуна өтө
кызыгып иштеген. Ата-эненин мээримин көрбөй
чонойгон, үй-бүлөнүн да ырахатын көрбөгөн
окумуштуунун жүрөгүн «муз» каптап калган эле.
Крыльцов илимий практикасында эксперименттен
экспериментке көчүп, адамдын тагдыры менен ойноп
жүргөндө Руна Лопатинага туш болот. Руна ага абийирдин
алдында жооп берүүгө милдеткер кылат.
Руна Лопатина демекчи, Крыльцов өзүнүн илимий
экспериментин түрмөдөгү аялдарга жасоодон баштайт.
Алар экспериментке макул болушса, так айтканда жасалма
жол менен наристелерди жарык дүйнөгө алып келип
турушса, алардын түрмөдөгү кесилүү мөөнөтү кыскарып
турган. Мындайча айтканда, түрмөдө отургандар да,
илимий ачылышка камкордук кылып турган Өкмөт менен
партиянын жетекчилери да утуш вариантына ээ болчу.
Крыльцовдун лабораториясынан күн сайын
нечендеген аялдардын, келечекте жарык дүйнөгө көз жара
турган наристелердин тагдырлары чечилген. Робот-маңкурт
сыяктуу эки тарап тең жогорудан келген буйруктарды
«кыңк» этпей аткарып турушкан. Илимий эксперименттин
ийгилигинен башы айланган Крыльцовдун муздак
жүрөгүн түрмөгө кандайдыр бир себеп менен түшкөн,
students.com. kg 323бирок, абийирин, адамкерчилигин сактап кала алган Руна
Лопатина гана ойготуп, адамча ойлоого, илим менен
абийирдин, илим менен кылмыштын ортосундагы чоң
ажырымды бетке тайманбай айта алат. Мына ушул эрдиги
Крыльцовду түн бою кирпик кактырбай, керек болсо
Рунага таазим кылууга, өмүрлүк жолдош болууга, илимди
да таштап кетүүгө даярдыгын бекемдеген карама-
каршылыктуу пикирлерге такалтат. Толкундануу сезимин
өткөрөт. Руна менен лабораторияда экинчи жолу көрүшүү
мезгили тезирээк болушун тилейт.
А бирок, Рунанын тагдыры да трагедиялуу.
Крыльцовго алып келе жаткан күнү качып кетүүгө
аракеттенүүсүнө ал ок менен жооп алат. Трагедия! !!
Жасалма адамдарды — искроддорду жаратуу
экспериментине каршы «бунт» көтөргөн Рунанын элеси
Крыльцовдун жүрөгүндө калат, турмушундагы
жаңылыштыктарды мойнуна алып, адамдык-ыймандык
нарк-насилине кайтарып келет.
Кайра куруу мезгили Крыльцовдун искродду чыгаруу
проблемасын илимдин актуалдуу күн тартибинен алып
таштайт да, Крыльцов Космоско сапар тартат. Орбиталдык
станциянын мөөнөтү бүткөндө коллегалары —
америкалык, жапондук космонавттардан бөлүнүп калып
калат. Космос анын басып өткөн тарыхый, татаал карама-
каршы жолуна баа берүүгө мүмкүндүк бериптир. Ал
адамдын жаңы тибин жасалма методдордун негизинде
жаратуу менен улуу трагедияга туш болуп келиптир.
Андрей Крыльцов эмне үчүн Филофей деп өзүн атап
жатат?! Таптакыр башка ысым деле коюп албайбы?!
Филофейден башка монахтардын ысымдары толуп
жатпайбы?! Көрсө, анда маани жаткан экен. Филофей —
тарыхый монах, адам, псковдук Елеазаров монастрынын
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Topcubai   17 Август 2014 - 08:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

карыясы, 16-кылымдын 1-жарымында жашаган жазуучу
Ал «Москва — үчүнчү Рим» саясий теориясынын
түзүүчүсү Анын өмүрү жөнүндө кеңири маалыматтар жок.
Бирок Филофейдин псковдуктарга, Москвалык князь
Василий III падыша Иван IV ж. б. арнап жазган каттары-
посланиелери бар. Ал бул каттарында Псковдун күнүмдүк
турмуш тиричилигин, Псковду Москвага кошуунун,
москвалык князь менен падышанын чексиз бийлигин
негиздейт. Ошону менен бирге адамзат баласынын
тагдырына таандын жалпы философиялык маселелер
тууралуу ой жүгүртүп, адамзаттын тарыхы жылдыздар
менен планеталардын кыймылдарына көз каранды деген
астрологдордун окууларын сынга алат. Демек,
Крыльцовдун тандап алган аты — Филофей өзүнө дал
келип жатат.
Кээде адамдар жакшылыкты баалай албайт, баалагысы
да келбейт. Футуролог Роберт Борк Филофейдин
теориясын жактагандыгы үчүн митингичилер тарабынан
өлтүрүлөт, Филофей адамзат баласына келечекке көз
чаптырып ойлоп көрүү жөнүндө идеясына түшүнбөгөн,
түшүнгүсү да келбегендерге нааразы катары ачык
космосто жанын таштайт. Борк да, Филофей да киттер
сыяктуу трагедияга кириптер болушат. Коомчулукка
нааразылык көрсөтүү, бунт көтөрүү катары
акыйкаттыкты, жакшылыкты өмүрдөн жогору коюу менен
өлүмгө алар тике, өз каалоолору менен барышат.
Киттер, киттер... Алар да дүйнөдө жер титирөөнүн,
суу каптагандын, кыямат-кайымдын болушун алдын ала
сезишип, адамдарга кабар берүү ниетинде жээкке сүзүп
келишип, өздөрүн өздөрү өлтүрүп жатышпайбы? !
Уникалдуу интуицияга ээ киттердин топ-тобу менен
мындай укмуштуу трагедияга учурагандыгы жер
students.com. kg 325жүзүндөгү окуяларга дүйнөлүк акыл-эстин реакциясынын
актысы менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан киттер
чыгармада пейзаждык гана сүрөттөө эмес, символикалык
мааниде чагылдырылат. Легендалар, уламалар, мифтер
боюнча киттерден адам баласы-жаралган, киттер
адамдарды катаал стихиялардан сактап келишкен, адамдар
үчүн өздөрүн курмандыкка чалышкан. Борк, Филофей
үчүн киттер табышмактуу биосфера меиен геосфераны
таанып- билүүнүн эң башкы критерийлери. Ошондуктан
башкы каармандардын аң-сезиминен, кыялдануусуна»,
түшүнөн киттер кетпейт. Символикалык маани—Адамзат
менен Космосту байланыштырып туруучу сырлуу
катализаторлук күчкө эгедер. Чыңгыз Айтматов
жаныбарлар дүйнөсүнүн призмасы аркылуу бүткүл
планетадагы жандуу жашоонун бири-бири менен тыгыз
органикалык байланышын, энергияларынын өз ара карым-
катышын баяндап отурат. Автор биологиялыкпы,
генетикалыкпы, медициналыкпы илимдердеги
жетишкендиктерге философиялык, нравалык,
психологиялык подход кылат. Романдын ички
структурасынын адамзаттын моралдык идеялары менен
нормаларына жалпы коомчулукту ынандыруу, аң-
сезимдин ырааттуулук менен өсүшү, адамдын эрки менен
рухий байлыгынын шайкеш келиши, абийирдүүлүк менен
акыйкаттыкка тарбиялоо, прогрессивдүүлүккө умтулуу ж.
б. адеп-ахлак маселелер чыга келет. Айтматовдун руху,
философиясы — Адам, Жаратылыш, Коом жөнүндөгү
планетардык ой жүгүртүүгө барып такалат.
Үкү — арбактардын саясий ишмерлердин өз ара
«талашууларына» күбө. Арбактар бир кездеги
социализмдин негиздөөчүлөрү жана куруучулары. Алар
сырткы дүйнөдөгү баш аламандыкка нааразы. Тигил
students.com. kg 326дүйнөдөн күңгүрөнүшөт, азыркы учурдагы адамдардын
жеңил-желпи көз караштарынын өзгөрүштөрү менен
келише алышпайт. Өзүнчө бир трагедиялык көрүнүш.
Романдын подтексти аркылуу берилген жашыруун
каармандар өтө көп. Аларды жазуучу экинчи планга коюп
сүрөттөгөнү менен, чыгарманын көп пландуу болушуна
мүмкүнчүлүк берип жатат. Ч. Айтматов подтексттеги
каармандары менен ар бир басып өткөн замандын,
мезгилдин, доордун учурун көзгө элестетип жатат. Ал эми
үкү болсо Кремлдин мунарасынан байкап отурат. Эмне
үчүн жада калса үкү да дүйнөдөгү карама-каршылыкты,
татаалдыкты «кабыл алалбай» өлүп калды?! Умне үчүн
автор үкүнү чагылдырып жатат?! Бул да трагедия! Деги
романдагы трагедиянын чеги болобу?!
Жаратылыш да адам баласынын башына түшкөн оор
мүшкүлдү көтөрө албай калат. Жаратылыштын Адамга
«боор тартуусу», «ачуусу» менен дүйнөнүн тең
салмактуулугу сакталып турган жокпу?!
Ч. Айтматов трагедиянын көп катмарлуу маани-
маңызын адамдардын тагдырлары аркылуу гана ачып
бербестен, жаратылыштын сырлуу касиети менен
айкаштырат. Конкреттүү айтканда, «Кассандра тамгасы»
Ч. Айтматовдун мурдагы чыгармаларындагы
трагедиялуулук проблемасына кайрадан башкача
позициядан кароого түрткү берет.
Жасалма жол менен адамды жаратууга медицина
илими жетишкендигин көптөгөн турмуштук фактылар
күбөлөп жатпайбы?! Массалык-маалымат каражаттардын
билдирүүсү боюнча Гитлердин уругунан төрөлгөн балдар
бар.
Ушундай окуялар дүйнөдө арбын кездешип
жаткандыгын кантип тана алабыз! Романдагы каармандын
students.com. kg 327эксперименттик илимий изилдөөлөрү жөн жерден чыга
калбаптыр го?!
Азыркы илимдин өсүп-өнүгүшү адамдын өзүн кайра
таң калтырат. Эненин курсагындагы түйүлдүк жети жума
болгондо эле келечектеги наристенин ден соолугунун ал-
абалын билсе болот. Медициналык аппараттар менен
«дефектиси» бар болочок наристелерди оңдоп, түзөөгө
кудурет жетип калганын реалдуу эксперименттердин оң
жыйынтыгы көрсөтүп жаткандыгын да танууга болбойт
эмеспи! Ч. Айтматовдун романынын призмасы аркылуу да
медициналык, биологиялык, парапсихологиялык,
техникалык илимдердеги ийгиликтерди карап чыгуу
натыйжалуу болоруна кепил болсо болот.
Чыгарманын эпиграфы менен темасы грек
мифологиясы менен байланышып, романдагы окуялардын
мазмунун аныктап турат. Кассандра — Троя падышасы
Приаманын көзү ачык кызы. Легендага байланыштуу
Аполлон Кассандрага көз ачыктык касиетти тартуулаган.
Качан Кассандра Аполлондун махабатын кабыл албаганда,
ал анын алдын ала көз ачыктык менен айткандары
орундалганына карабастан, аны эч кимдин ишенбөөсүнө
жазалаган. Гректер Трояны басып алгандан кийин,
Кассандра Агамемнонго туш болуп, Микенага алынып
келинген. Агамемнон менен бирге анын аялы
Клитемнестра тарабынан өлтүрүлгөн.
Мына ушул уламыштагы Кассандранын көзү
ачыктыгы менен Ч. Айтматовдун баш каарманы
Филофейдин илимий эксперименталдык ачылышынын
ички байланышы, кездешүү точкасы алдыда боло турган
көрүнүштөрдү алдын ала айтуу болуп саналат. Аполлон
Кассандраны жазалаган сыяктуу эле, коом Филофейди,
Боркту да жазалайт.
students.com. kg 328Дүйнөлүк адабиятта трояндык көзү ачык
Кассандранын образы көпчүлүк жазуучулар менен
акындардын көңүлүн буруп келген. Бул жерде бир аз ошол
адабияттар жөнүндө экскурс жасасак ашыкча болбос. Бир
чети Айтматовдун романын терең түшүнүүгө жардам гана
бермекчи.
Гомердин «Илиадасында», Эсхилдин «Агамемнон»,
Еврипиддин «Гекуба» трагедиясында Кассандранын
тагдыры кыскача сүрөттөлөт. Эсхилдин трагедиясындагы
окуя төмөнкү сюжеттик өнүгүштөн келип чыгат:
Агамемнон Троя согушунан он жылдан кийин жеңиш
менен кайтат. Бул жеңиш оңой-олтоң турбайт, нечендеген
адамдардын каны төгүлүп, эл кыйналып, шаарлар кыйрап,
жада калса Агамемнон өзүнүн жакшы көргөн кызы
Ифигениянын өмүрүн кыюуга туура келет. Агамемнондун
аялы Клитемнестра «ала жипти аттап алып», «абийирин»
жабыш үчүн, күйөөсүнүн алдына кызыл килем салдырып
жылуу-жумшак күтүп алат. Бирок, оюнда арам ой —
өлтүрүү тынчын бербей турган. Агамемнон менен кошо
бир чети туткун, бир чети ойнош Кассандранын да
келиши Клитемнестранын кызганчаактык сезимин
арттырат.
Кассандра Троянын кайгы-капасын, кыйрашын,
Агамемнондун жериндеги — Аргостогу бакытсыздыкты
алдын ала көрө билсе да, эч ким ага ишенбейт, анткени
Аполлон махабатын тепсеп кеткен Кассандранын
айткандарын эл тарабынан кабыл алынбашы тууралуу
жазалаган болчу. Кассандра өзүнүн көзү ачыктыгынын
алдында алсыздык кылат. Ага ким ишенет?! Ким боор
тартат? !.
Ал Агамемнондун ак сарайы кан жыттанып турарын,
чоң бир кокусунан катастрофа болорун туят.
students.com. kg 329Агамемнонду, өзүн ак сарайдагы той, салтанат-тамашага
чакыруу менен аларды өлүм күтүп жаткандыгын билет,
туталанып, кайгырып Агамемнондун жана өзүнүн өлүмү
жакындап келе жаткандыгын кабарлайт. Эч ким
ишенбейт, ишенгиси да келбейт...
Кассандра өзүнүн өлүмүн психологиялык жактан
кабыл алалбай элирип, өзүн унуткан абалга жетет. Экстаз
өткөндөн кийин гана ал сарайга чакырылып, тойго —
өлүмгө барат.
Эсхилдин Кассандрасындагыдай трагедиялуу,
драмалуу, психологиялуу образды грек трагедиясынан
кездештирүү кыйын. Биздин эрага чейинки грек акыны
Ивик «Кассандра, Приама дочь...» деген ыр жазган болчу:
Француз жазуучусу Ла Кольпренеддин «Кассандра»
(1642—1645), Шиллердин «Кассандра» (1802),
Ликофрондун «Кассандриада» деген чыгармаларын да
эстен чыгарбашыбыз керек.
Фридрих Шиллердин «Кассандра» лирикасынын
керемет күчү окурмандардын дүйнөсүнө бүлүк салары
бышык. Лирикалык каармандын ички кайгыруусу,
пессимизми поэзиянын эң бийик үлгүсүндө берилген.
Ошондой эле Еврипиддин «Гекуба» трагедиясында
Приамдын үй-бүлөсүнүн тагдыры чагылдырылып,
Кассандранын элеси үстүртөн сүрөттөлгөнүн көрөбүз.
Кассандрага арналган чыгармалардын ичинен немец
жазуучусу Криста Вольфтун «Кассандра» повести
айырмаланып турат. Гомердин «Илиадасынан» баштап
Эсхилдин трагедиясына чейин Кассандранын образы бир
жактуу, схема түрүндө, мифологиялык рамкада
сүрөттөлсө, бул прозада прозаик кыздын образы аркылуу
адамзат проблемасы менен байланыштырат.
Криста Вольф грек мифологиясынын легендарлуу
students.com. kg 330сюжетин оригиналдуу көркөм чеберчилик менен иштеп
чыккан, жазуучунун фантазиясынан жаңы окуялар,
каармандар жаралган. Автор өлүм алдындагы
Кассандранын ички монологу аркылуу бүткүл окуяны
берет. Каармандын көз алдынан Троя согушунун он
жылдык кайгы-капасы, Гектордун, Ахилдин,
Поликсенанын өлүмү, ата-энеси Приам менен Гекубанын
татаал тагдыры тартылып өтөт. Кассандранын көзү
ачыктыгы — согуш алар үчүн жеңилиш менен
аяктаарынан белги берип турса да, эч ким аны этибарга
албайт. Ал гана эмес Кассандраны элдин патриот кызы
катары кабылдашпай, душмандын жактоочусу катары
көрүшөт. Легендарлуу образды психологиялык жактан
тереңдетүү максатында Кассандра менен Энейдин махабат
мотивин киргизет.
Демек, Кассандранын образын түздөн-түз да, кыйыр
да сүрөттөө менен ар бир сөз чеберинин алдында көркөм
максаттарга жетишишкен. Гомер менен Эсхилдин
чыгармаларынан каармандын трагедиялуу тагдырын,
нравалык касиеттерин билсек, ал эми Криста Вольфдун
повести, Чыңгыз Айтматовдун романы грек мифологиясы
менен адамзаттын бүгүнкүсү, эртеңкиси улуу сабак алуу
үчүн байланышат. Бирок жазуучуларда айырма «асман
менен жердей». «Кассандра» повестинде кантсе да сюжет
белгилүү мифологиянын схемасында өнүгүп, адамзаттын
бүгүнкүсүнө, эртеңкисине тынчсыздануу подтекст
аркылуу берилет. «Кассандра тамгасы» романында
мифологиялык сюжет таптакыр жок, бирок көз ачыктыкка
ишенбөө негизги идеясы роман менен грек
мифологиясынын ортосундагы жалпылыкты билдирип,
Адамзатка тынчсыздануу ачык-айкын да, подтекстте да
катмар- катмар чагылдырылат.
students.com. kg 331Кассандра эң башкысы Айтматовдо мифологиядагы
кыз да эмес, адам да эмес, автор аны көзү ачыктыктын
символу катары гана кабылдайт. Ооба, романдын атын
коердо, анын эпиграфын жазарда, акырында чыгармага
чекит коердо, Филофейдин космостогу илимий
теориясынын ачылышынын маанисине токтолууда
жазуучунун аң-сезиминде мифологиялык Кассандранын
образы жашагандыгы айтпаса да белгилүү.
Айтматовдун Кассандрасы — бул жеке адамдын,
ошону менен адамзаттын тагдыры. Автордун Кассандрасы
адамдын өзүндө, анын ички жана сырткы көрүнүшүндө.
Ичкиси — али жарык дүйнөгө келе элек энелердин
курсагындагы эмбриондор. Алардан адамзат эптеп
кутулса болор, ал эми сырткы — жашоодо өмүр сүрүп
жаткан эки буттуу адам-айбандардан кантип кутулар
экен?! Айтматовдун Кассандрасынын оң да, терс да
мааниси бар. Оң дегенибиз — көзү ачыктык кылуу, алдын
ала айтуу менен Адамга, Адамзатка эскертүү. Жашоого
Жакшылык каалоо, Адилет "болуу, Өмүрдүн кадырын
билүү, бак-дөөлөт конуу. Терс дегенибиз — түшүнүктүү,
мунун карама-каршысы. Бирок адам баласына таандык
бир мүнөз-касиет жакшылыктан жамандыкты бат кабыл
алат эмеспи! Ошондуктан элибиз «Адам болуу аста-аста,
айбан болуу бир паста» деп коюшат окшойт.
Трагедия! Трагедия! Космостогу Филофей менен
жердеги адам баласынын карама-каршылыгы, Борк менен
Ордок сыяктуу замандаштарынын элдешкис конфликтиси,
акыйкат менен акыйкатсыздыктын, абийир менен
абийирсиздиктин, жакшылык менен жамандыктын
кагылышы — оң мүнөздөгү коомдук маанинин жеңилиши,
утулушу.
«Кассандра тамгасы» — каармандардын кайгылуу
students.com. kg 332коллизиясына негизделген фантазия менен реалдуу
турмуш чырмалышкан чыгарма, ал эми анын мазмундук
мааниси келечектеги урпактардын «башын катыра» турган
кызыктуу илимий проблема. Медицинадагы практикалык
жетишкендиктерге жана акыл-эстин логикасына таянсак,
эртеби- кечпи табышмактуу кассандро-эмбрион табылып
калышы да мүмкүн. Ошондо Айтматовдун романы кур
кыялдан жаралган абстракттуу ойлор жөнүндө эмес, а
адамзат келечекте кездеше турган көрүнүштү көрө
билгендик менен алдын ала айткандыгына таң калбасак
болду. Азыр « Кассандра тамгасы» чыгармасын көркөм
чыгарма катары кабыл алып, андагы каармандардын,
коомчулуктун татаал психологиялык ал-абалына
окурмандык сезим, түйшөлүү менен мамиле жасап
жатабыз, таптакыр кайдыгер карашыбыз да мүмкүн. А
эртең кассандро-эмбрион жашоо турмушубузда
реалдуулукка айланып калса коомчулукта, өзүңдө не
деген психологиялык жарылуу болорун элестетип
көрүнүзчү? !..
Абдылдажан Акматалиев,
филология илимдеринин доктору,
профессор.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Topcubai   17 Август 2014 - 08:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

КИТЕПТЕГИ АЙРЫМ СӨЗДӨРГӨ ЖАНА
ТЕРМИНДЕРГЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Кассандра — Грек мифологиясында Троя падышанын
кызы. Ага көзү ачыктык кылып алдын ала айтуу
кудуретин Зевстин (грек мифологиясында кудайлардын
кудайы) уулу Аполлон (грек мифологиясында көзү ачык
жана дарыгер кудай, искусствонун колдоочусу) берген.
Екклесиаст — Библиянын (Тоораттын) догмаларын
таратуучулардын, аны чечмелөөчүлөрдүн бири болгон.
«Бул сапар да иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн
башталды» — Бул жерде автор көркөм ыкма катары
христиандардын дин китебине кыйытып (Тооратка) жатат.
Ал: «Баарыдан мурда Сөз болгон, ал Сөз — кудай болчу»
деп башталат.
Эксклюзивдик укук — Бул жерде редакцияга
берилген бөтөнчө укук деген маанини билдирет.
Футуролог — Футурологияны — келечекти
божомолдоочу коомдук илимдин бир тармагын изилдөөнү
кесип кылган адам.
Монополярдуу — Моно — татаал сөздүн «бир»
дегенди билдирүүчү бөлүгү. Бул жерде бир тараптуу деген
мааниде.
Дельфий пифийлери — Дельфий деген байыркы грек
шаары көз ачыктары — пифийлери — менен маалым
болгон.
Оракул — Байыркы Чыгыш элдерине, байыркы
гректерде жана римдиктерде кудайдын атынан олуялык
кылган, көзү ачыктык кылган адам. Байыркы Грецияда
Дельфи оракулдары — пифийлери — белгилүү болгон.
Презентация — Биринчи ирет эл алдына чыгаруу,
students.com. kg 334көрсөтүү дегенди билдирет.
«Шпигель» немис тилинде чыгуучу белгилүү
коомдук- саясий журнал.
Апостол — Бул жерде «олуя» деген мааниде.
Табло — Маалымат берип туруучу электрондук жазуу.
Код — Ар кандай маалыматтарды берүү, шитеп
чыгуу, сактап коюу үчүн колдонулуучу шарттуу түрдө
кыскартылган белги, аталыш.
Монах — Христианчылыкта дүйнөнүя бардык
жыргалчылыгынан кечип. монастырга бекинген адам;
кечил.
Рим папасы — Католик чиркеөсүнүн жана Ватикан
мамлекетинин башчысы. Католик диняндеги Европа
өлкелерүнүн калкы алдында чон кадыр-барктуу диндик
инсан.
Эмбрион — Жатындагы уруктун эң алгачкы
түйүлдүгү. Бул жерде «кассандро эмбрион» —
«негативдүү белги берген түйүлдүк».
Мистика — Сулуу, адам акылына баш ийбеген,
кудайдан болгон, адамдын аркы дүйнө менен байланышы
мүмкүн дегенге ишенүү. Мистика бардык диндик
ишенимдердин ажырагыс болүгү.
Аборт — Аялдын боюнан жасалма жол менен
түшүрүү, жатындан урукту тазалоо.
Иисус Христос — Христиандардын дин окуусуна
ылайык христианчылыктын негиздөөчүсү, Кудайдын
жердеги өкүлү. Жердеги пенделерин күнөөсүнөн арылтам
деп мамыга кердирилип өлтүрүлөт да, кийин кайра
тирилип, асманга кайып болот.
Ыйык Петр — Иисус Христостун шакирттеринин
бири, христиан динин таратуучу.
«Феминисттик кыймылдарда» — Европа жана
students.com. kg 335Америка континенттериндеги өлкөлөрдө өз укуктарын
талашкан аялдар кыймылы. Алар коомдогу аялдардын
ролун көтөрүүнү, эркектер менен барабар, ал турсун көп
жагынан аларга артыкчылык абал берүүнү талап
кылышат.
Флюиддер — 18-кылымга чейин жылуулук,
магнетизм жана электр кубулушун жардамы менен
түшүндүрүп келген көзгө илээшпес божомолдуу суюктук.
Бул жерде кассандро-эмбриондордон чыгуучу токту,
касиеттерди табууга багытталган деген мааниде.
«Эсхато- эмбриондор» — Эсхатология — «кыямат
кайымдын келиши» жөнүндөгү диндик окуу (эсхат грекче
«акыркы» дегенди билдирет). Бул жерде «эсхато-
эмбриондор» — келечеги жок, акыры өлүүчү эмбриондор
деген мааниде.
Перископ — Жабык жайдан туруп сыртты кароочу
оптикалык прибор.
Апокалипсис — Христиан дин китебииин бири,
«жарыкчылыктын бүтүшү» жөнүндөгү мазмунду камтыйт.
Маньяк — Психикасы бузулган, жыныстык жактан
оорулуу адам. Жыныстык канааттанууну бирөөнү
муунтуп өлтүрүү, кыйноо менен алат.
Тиран — Бийликти зордук менен ээлеген зулум
дегенди билдирет.
«келечектеги некрофилдин шордуу түйүлдүгү» —
Некрофилия — жыныстык жактан психикасы бузулган
оорулуу адам; андайлар жыныстык талабын өлүктөн
кандырат. Бул жерде келечектеги адам жыныстык жактан
да бузук болорун айтып жатат.
Трансценденталдык — Канттын идеалисттик
философиясында тажрыйбадан сыртта турган, бирок
тажрыйбаны шарттаган, андан мурда келип чыккан акыл-
students.com. kg 336эске таандык дегенди билдирет. Кант богонча Т. тын
формаларына мейкиндик, мезгил, себеп, натыйжа,
зарылчылык ж.б. философиялык категориялар кирет. Бул
жерде мурда болуп көрбөгөн, тажрыйбада кезикпеген
деген мааниде.
«Жаратылыштын архетибиндеги. ..» — Архетип —
грекче баштапкы образ, идея дегенди билдирет.
Коллективдүү аң-сезимден тышкары тургандардын
мазмунун түзүшкөн жана түш көрүүлөрдүн, жомоктордун,
мифтердин ж. б. фантазиядан жаралгандардын, анын
ичинде көркөм фантазиянын, туунду психикалык
структуралары, образдары (мотивдери). Бул жерде
жаратылыштын эң баштапкы туундуларындагы. .. деген
мааниде.
Трущобдор — Чоң шаарлардын бей-бечаралар
жашоочу таштандылар жаткан ыпылас чет-жакасы.
«Кара тешиктер» — Дүйнөлүк экологиянын
бузулушунан келип чыккан атмосферадагы зыяндуу
кубулуш.
Фаталдык — тагдырга жазылган, болбой койбос,
болтурбай коюу, колдон келбес деген маанини билдирет.
Инквизиторлор — Орто кылымда католик
чиркөөсүнүн боштондук кыймылга, атеизмге, эркин ойго
каршы күрөшүүчүлөр. Алар Рим папасынын бийлигине
каршы болгондорду куугунтукка алып сураксыз, сотсуз
жазалап, кыйнап даргага асып өлтүрүп турушкан.
Радар — Мейкиндиктен бир нерсени табуучу жана
аралыгын аныктоочу радиоаппаратура.
Дисбаланс — Бир нерсенин тең салмактуулугунун,
шайкештигинин бузулушу.
Дантист — Тиш дарылоочу врач.
Постулат — Далилдөөнүн зарылчылыгы жок,
students.com. kg 337талашсыз чындык деген маанини билдирет.
Приоритет — Бир нерсенин артыкчылык абалы,
биринчи жолу улук деген мааниде.
Пароксизм — Капысынан кармаган оору, адамдын
делебеси катуу козголгон же жини катуу келгендеги
илдетке жакын абалы.
Камин — Европа өлкөлөрүндө кеңири тараган үйдү
жылытуучу очок, меш.
Фараон — Байыркы доордогу египет падышаларынын
ардактуу жаамы — титулу.
Саркофаг — Байыркы доорлордо Египет
фараондорунун (падышаларынын) сөөгүн коюучу таштан,
жыгачтан оюлуп жасалган табыт.
Автобан — Атайын ылдам жүрүү үчүн салынган
автомобиль жолу.
Мазохизм — Жыныстык бузуктук. Мындай адам
жыныстык талабын канааттандыруу үчүн өнөгүнүн аны
кыйнашын, кордоосун, көңүлүн да, денесин да оорутушун
талап кылат. Бул жыныстык оору аны сүрөттөп жазган
австриялык жазуучу Захер Мазоханын атында калган.
Параноик — Паранойя — грекче жин оору дегенди
билдирет. Параноик деп оолукма оору менен ооруган,
акылга сыйбас ойлорду айткан адамдарды аташат.
Православныйлар — Христиан дининин бир
тармагы.
Конвессия — Башка диндерди кабылдабаган, кудай
бир, дин бир деген диний топ.
Конфессия — Бардык динди кабыл алуучу, көп
диндүү деген мааниде.
Ересь — Үстөмдүк кылган динге каршы чыгуу. Өтмө
мааниси — сандырактык, тантыктык.
Еретик — динге каршы чыккан адам.
students.com. kg 338Деструкция — Бир нерсенин структурасынын
бузулушу.
«Идеологиялык скауту болгон» — Идеологиялык
баш тоголотуучусу, тарбиячысы деген мааниде.
Фанатик — Бир нерсеге катуу берилген, ал үчүн жан
кыюудан кайра тартпаган адам.
Ажиотаж — Бир окуянын, же адамдын айланасында
көтөрүлгөн уу-дуу.
Мутация — Сөзмө сөз: өзгөрүү, алмашуу. Тукум
куучулук структуралардын табигый түрдө, же жасалма
жол менен туруктуу өзгөрө башташы.
Континуум (латынча үзгүлтүксүз, жыш) —
Кубулуштардын, процесстердин үзгүлтүксүздүгү,
байланыштуулугу.
Провокатор — Ичтен жарып-бузуучу, жашырын
агент, жаман ниет менен көкүтүп жолдон чыгаруу.
Конверсия — Бир нерсенин экинчи нерсеге
айланышы, өзгөрүшү.
Масс-медиа — Массалык маалымат каражаттары.
«Ве-Пе- Ка!» — Аскер өнөр жай комплекси дегендин
кыскартылган орусчасы.
Каддафи — Ливия мамлекетинин лидери, өнүгүүнүн
үчүнчү жолун негиздөөчү.
Калашников — «АКМ» деген советтик автомат-
мылтыкты ойлоп чыгарган конструктор.
Эйфория — Адамдын сезими кубанычтан катуу
козголуп, делбеленип турган абалы.
Пацифисттер — Согуштун кандайына болбосун
каршы чыгуулар, жер жүзүндө бейкуттукту жактагандар.
Америкада, европа өлкөлөрүндө пацифисттик кыймылдар
бар.
ОМОНчулар — Милициянын бөтөнчө тапшырма
students.com. kg 339аткаруучу бөлүгү.
Кумпалар — имараттын жумуру, жарым шар түрүндө
чыгарылган төбөсү (мисалы, Бухаранын, Самаркандын
кумпалары); шпиль — имараттын шиштей учтуу кылып
чыгарылган төбөсү, европанын архитектуралык стилине
мүнөздүү.
Дюндар — Суунун, деңиздин жээктеринде жылып
туруучу кум дөбөлөр.
Гольф талаалары — Таяк менен топ уруп ойноочу
көк майсаң талаа; гольф — топту таяк менен уруп ойноочу
оюн, ал Америкада, Австралияда, Англияда жана
Канадада кеңири таралган.
Орден — Орто кылымдагы католиктик уюм; айрым
бир уюмдардын аты, мисалы, массондук орден ж. б.
Диссонанс — Үндөрдүн коошпой чыгышы; өтмө
мааниде — пикирлердин келипшестиги.
Сенсация — Бүйүр кызыткан окуя, кабар.
Супермаркет — Негизинен азык-түлүк сатылуучу,
алуучу өзү тейлей турган зор дүкөн.
Тыгын — Бул жерде сөз автомобилдердин шыкалып
жүрбөй калышы, тыгын болгондугу жөнүндө.
Сутенер — Демейде эркек менен аялдын ортосунда
ойноштук мамиле жалгаштырып жан баккан адам, аначы.
Мафиози — Мафияга кирген адам; мафия — 18-
кылымда Сицилияда (Италия) уюшулган жашыруун уюм,
ал ар кандай жол менен калкты коркутуп-үркүтүп,
мыйзамсыз жол менен пайда табууну көздөйт.
Порнография — Байыркы Грецияда аягы суюк
аялдардын турмушун сүрөттөө; кийин-ыпылас кумарды
ойготуу үчүн уят-сыйытсыз көрүнүштөрдүн азгырмалуу
сүрөттөлүшү; ушул максатка багытталган адабият, көркөм
сүрөт жана фотографиялар.
students.com. kg 340Порноиндустрия — Порнографиянын продукциясын
кеңири чыгарып таратуучу өнөр жай.
Инстинкт — Аң-сезимден тышкары турган туюм,
сокур сезим; жан-жаныбарларга жаралгандан баштап
берилген жүрүм-турумдун формасы.
Менталитет — Айрым адамдын же элдин жалпы
мүнөздүү ой-кую, кулк-мүнөзү, жашоо ыңгайы.
Индивид — Өз алдынча адам, инсан.
Феномен — Сейрек кездешчү кубулуш, көрүнүш.
Элитардык субъект — Коомдо ээлеген орду, билим
жана тарбиясы жагынан обочолонуп турган, мындайча
айтканда, ак сөөк адам.
Интеллектуал — Акыл-паразаты, билими, маданияты,
руханий деңгээли жогору адам.
Факел — Айлананы жарык кылуу үчүн таяктын
башын майга малып же чүпүрөк ороп жандырган от. Өтмө
мааниде: жол көрсөткүч, жетектегич.
Варфоломей түнү — 1572-жылдын 24-август түнү
Парижде католиктер гугенотторду (протестантизмдин
жактоочулары, рим-католик динине каршы чыгуучулар)
кырган түн.
Апологет — Бирөөнү жан тартып жактаган адам.
Линч соту— 18-к. Америкада расисттер негрлерди
жана аларга жан тарткан актарды сураксыз-сотсуз
жазалашып, аеосуз кырышкан. Анын башында полковник-
расист Линч деген турган. Линч соту деген ошондон
калган.
Респондент — Суроого жооп берүүчү деген мааниде.
«Филофей бир боорум» —Православный
дининдегилер монахтарга «брат» — «боорум», монах
аялдарга — «сестра» — «эже» — деп кайрылышат.
«Орус иерархтары» — Орус дин төбөлдөрү деген
students.com. kg 341мааниде.
Өкүм күн — Христиан дининде — тигил дүйнөгө кетер
күн, Кудай алдында жооп берер күн.
Крыльцо — Орус архитектурасына мүнөздүү үйдүн
кире беришиндеги усту чатырчаланган тепкичтүү аянтча.
Коттеж — Шаар четине убактылуу турганга
ылайыкталып салынган чакан үй.
Манипуляция — Татаал ык, татаал айла-амал; өтмө
мааниси — көз жазгыруу, көз боео.
Эго — Бул жерде сөз адамдын маңызы — Мени
(сөзмө- сөз «Эго» —латынча «Мен») жөнүндө бара жатат.
Парадигма — Грекче — үлгү, мисал. Далилдөө,
салыштыруу үчүн тарыхтан алып келтирилүүчү мисал.
Нигилизм — Жалпы кабыл алынган нерсени толук
четке кагуу.
Эдем — Дин китеби боюнча (Тооратта)
жарыкчылыктагы бейиштин жери.
«Инкубатордук жатын» — Жасалма жатын.
Коньюнктура — Өз ара байланышкан шарттардын
жыйындысы, пайда болгон жагдай; белгилүү бир мезгилде
экономиканын учурдагы абалын мүнөздөгөн белгилердин
жыйындысы.
«Зек аял» — Камактагы аял деген мааниде.
Скаут — Сөзмө сөз «чалгынчы» дегенди түшүндүрөт.
20-к. башында Батыш өлкөлөрдө пайда болгон уюм,
балдарды, өспүрүмдөрдү мектептен тышкары убакта
үстөмдүк кылган идеологиянын, коомдун таламын
коргоого тарбиялайт. Балдардын — бойскаут жана
кыздардын — гёлскаут — скаут уюмдары айрым айрым
болот.
Ээн бак (же таттуу бак) — Америка жана башка
Батыш өлкөлөргө жапон маданиятынан оошкон: таштар,
students.com. kg 342кум жана майда бадал, гүлдөр менен айкалыштыра
жасалгаланган аянт.
«Өздөрүн мессия ойлогондор» — Мессия — «кайып»
болуп кеткен Иисус Христостун кайра жер бетине түшүп
келиши жөнүндөгү диний окуу. Мессия — пенделердин
ниетин оңдоп, адал жолго салып, жерге адилет заман
орнотот имиш.
Катарсис — Аристотель киргизген термин
(«Поэтика»): тазалануу дегенди билдирет. Театрдагы
көрүүчү сценадагы окуянын кайгы кубанычын бөлүшүп,
тазаланат, көр тирликтин түйшүгүн унутат.
«...улуу Сабак болду эле го. Куну — Голгофа» —Бул
жерде сөз Иисус Христос үмөттөрүн күнөөсүнөн арылтам
дегени үчүн Голгофа дөңсөөсүндө (Иерусалимдин
жанындагы дөбө) мамыга колу-бутунан керилип
өлтүрүлгөндүгү жөнүндө баратат.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   MOMyH   17 Август 2014 - 17:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2016 15:30
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Topcubai (16 Август 2014 - 16:23) жазган:

Саламатсыздарбы! Мен Чынгыз Айтматовдун "Кассандра тамгасын" бул жакка илейин деп чечтим.Эгер мындай тема болсо урушпай эле,жаап салгыла.Анан да,мен бул чыгарманы интернеттен таап,бул жакка судурой качтым.

БУЛ ЖЕРДЕ
Муну мурда жазып улгурушкон. Жаныларынан жазгылачы, сураныч!
Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   mega777   26 Апрель 2016 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения MOMyH (17 Август 2014 - 17:35) жазган:

БУЛ ЖЕРДЕ
Муну мурда жазып улгурушкон. Жаныларынан жазгылачы, сураныч!


Тема жабык.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 02:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: