Суперстан: Айта бар менин кебимди... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Айта бар менин кебимди... Арслан Капай уулу Койчиев (роман)

#1 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Азыркынын алабармандаган балдары ойду-келди аралаштырып, ала-була урунган төл сөздөр, чампан тилдүү балдары тантып айткан, күндө кужурап айтылып-делип аткан көп сөздөр сыңары эле, ал замандарда, оболку-оболку аталардын санжыргалуу заманында “ар” деген сөз да башкачараак мааниде айтылчу окшобойбу! ? Жан-дүйнөң менен чогуу бүтөлүп-жаралгансып каныңа сиңген, эжели эси-дартыңдан түшпөгөн, тилге келгенинде тереңирээк мааниде айтылып, кулакка курчураак угулган, айтор, жүүнү бошто чыйралткан, мүңкүрөөгө жол бербеген, мүңкүрөйүн десең да мүңкүрөтпөгөн, анан да кара башыңды эмес, калың журтуңду ойлоого түрткөн, ошол элиңдин кымындай болсо да таламын талашууга шыкактап-шыктандырган касиети болгон окшобойбу! ? Күүлөп турган күчү болгон окшобойбу! ? Анан эле байкатпастан ким өзгөртүп жиберди аны, качан өзгөрүп кетти, көңүлдү көкөлөткөн, канат бүтүргөн касиети кайда качты? Белгисиз. Дагы канча өзгөрөт, акыр замандарда кайсы мааниде айтылып калат - албетте, урунуудан калбаса - болжоп болбойт, акеси...”

Калаанын Кызыл-Аскер ыптасындагы, ызылдап-күрүлдөгөн машинеси тынымсыз чубурган кан жолдун боюндагы шыйпыр чатырлуу, тегереги темир торлуу сыракананын көлөкөлүү бурчунда июлдун саратан ысыгынан корголоп, чоң банкедеги муздак сырадан - “Арпа” анысы - кере жутуп, кыпчый кармаган тамекисин дембе-дем кере соруп, – чылым аттуунун эң арзаны “Беломорканал” анысы – оозу-мурдунан көк түтүнүн бурулдата үйлөп коюп, мойнун созо төбөсүнөн өйдө, эски чий калпагынын кырынан өткөрө үйлөп коюп, сокоюп жалгыз отурган философия илимдеринин кандидаты, өзү айткандай “качанкы кандидаты” Турар Атаев адатынча ушинтип ойлонду. “А...” гезитинин алтынчы бетиндеги алакандын отундай жерге басылган кабарды, көзгө араң илешкен майда тамгалар менен жыбырата терилген алты сап кабарды жаңы эле окуп болгон жаны арданганынан эки бүктөлүү гезитти барскандай колунун сырты менен ары итерип койду. Эңги-деңги ой арасында “ар” дегенди ичинен бир нече мертебе кайталап айтып, утур-утур кайрып айтып, баамдаса, арына келе албай отурду. Ансайын сырага күчүн чыгарып, үч литрлик банкени капортосунан ылдыйлатты да:

- Арсыздар...! – деп сүйлөнүп, аягын богооз сөгүнүп коё берди. - Ошол жерде өзүм болгондобу!

Ышталган балыкты сыйрып, күңсүгөн жыт ургансыгандан, ири алды мурдуна жакын такады. Чала ышталганбы, чала кургатылганбы, башы чирип, жумуру боорундагы сулп эти сасып кеткенби, жүрөк айнытат. Куйрук жагынан кургак эт издеди ырымга. Чукулап, тиштегилеп тим болду. Мурдун чүйрүп:

- ...дурайындар, курттатып жиберишкенби, балык кургатканды да билишпейт! Анан алдап сатышканга уста! – деди.

Отуз сомдук балык эле, доолагысы келди тыйынын, кайтарылган акысына догурунуп дагы бир чоң банке сыра алайын деди.

Мындайда, сыра уулаган жоролоштору да көрүнбөй калат кашайып, бирде-жарым таанышы көрүнөбү дегенчелик башын созуп, жан-жагына элеңдей каранды. Оюндагысын бөлүшкүсү келгенден каранды. Сыракананы жандай өткөн, ырымга жалатылган асфальттуу кыртышы үбөлөнүп-талкаланган кууш жолдо кимиси кендир кап көтөрүнө, кимиси кытайдын чакмактуу чаарала сумкесин бөктөрүнө жорто басып, көр тирлигинин убарасында базарга же базардан шашкан жолоочулар (азыркынын тили менен айтканда - “бизнестүүлөр”. Дегеним, бул кылымда кыргыздын бир өнөрү чыккан “бизнес” деген, бөртө жүгүрүп тыйын өндүргөндү кесип кылганды айтышат, соодагерчиликти бөөсүндөй көргөн көчмөндүү ата-бабалардын үч уктаса түшүнө кирбеген бир өнөр, ошонун көзүн тапканды “бизнестүүлөр” деп коюшат), өткөн-кеткенди кыйшая тиктей, колдорун шымынын эки чөнтөгүнө тыгып, ары-бери каалгый баскан бекерпоздор (ким жазганын, качан, кантип жазганын ким билсин, айтор, багы тайкы байкуштардын маңдайына жазылганы ушул окшойт го, аларды “бизнеси жоктор”, “бизнестен кур жалак калгандар” деп коюшат), жугунду аңдыган жолбун ит эле болбосо, сыракана ээн эле. Сөгүнгөнүн жалгыз-ак сыра челектин түбүндө отурган сатуучу жигит укту. “Алжыган чал!” деп койду ал далысын салган тейинде.

“Баса, жалгыз бекен же жандаган кыргыздары бар бекен?..”
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Баса, жалгыз бекен же жандаган кыргыздары бар бекен?..”

деп бүшүркөдү Турар Атаев. Гезитти кайра алып, курчу кете баштаган көзүн жүлжүйтүп, үңүлө барактады. Ал туурасында ыпым сөз тапкан жок. “Кыязы, арачы түшөр жоро-жолдошу деле болбосо керек бечаранын... ” деп боолголоду.

-Бу президенти - жеткен акмак, шовинист тура! – деп
күңкүлдөдү. - Бөркүмдөй көрүп турам, ушунун баары ошол көзү жаман каапырдын жеке тукуругунун натыйжасы!

“Кайсы президент?” деп сатуучу аңкайды.

- Орустар дагы бир кыргызды союп салышыптыр! – деди

Турар Атаев тик бакпаган сатуучуга эки-үч үстөлдөн ашыра карап. –Кутурган жүнбаштар (гезитте: “такырбаштар” деп айтылыптыр) кыргыздын дагы бир баласын Мос-скванын көчөсүндө, каламандын чак түшүндө бычактап, койчо мууздап өлтүрүшүптүр! Чагымда, ушуну менен алтынчы кыргыз...

Ээ, ошондой бекен? – деп, тигил тек сөз уламакка үн катты.
Сыранын бочкесин кайтарган жигит жоронун арасында

авторитеттүү саналган кишинин сөзүн жоопсуз калтырганды ылайык таппагандан гана ырымга үн катты. “Бул киши жөнөкөй киши эмес, жигиттин гүлү кезинде кыйын жүрүп, кең Фрунзенин көчөлөрүндө орустун балдары менен төбөлөшкөн, чоңдор менен кармашкан! Илим жактаган! ” деген аңызды жорого чогулгандардын оозунан далай укканы бар эле.

Анын “күңк” эткен кайдыгер жообу Турар Атаевди түңүлттү. “Намысы жоктордон экен го!” деп, мурчуя башын бурса, чала ышталган балыктын жытын илген тумшугун созуп, жук-жубур аңдыган жолбун иттин көзүнө көзү чагылышты. Көзү төртөө өңдөнгөн ит (балким, багылуу кезинде аны “Төрткөз” деп чакырышкандыр) куйругун шыйпаңдатып, экөө тиктешип калды. “Чып!” деди Турар Атаев. Иттин чыккысы жок, кайра тирмейе тиктейт. Кишидей жалдырап тиктейт. Тили гана жок, айнектей көздөрүн жылтыратып, сүйлөп ийчүдөй тиктейт. Мойнун күйшөп-күйшөп, кыңшылап койсо, “Эй, киши, ууртамга сыра талашып жаттым беле, эмне жамандык кылдым саган? Алдыңдагы балыктан тең бөлүш” деп, жалооруй тиктегендей туюлду. Бузулган балыкка көзүн агытып, шапалактай салаңдаган кызыл тилин чыгарып, шалп эте кыйгачынан жаланып койсо, “кардым ачты” деп жалангандай туюлду. Ит менен тиктешип, ит менен арбашсаң, анан да “качанкы философ” болсоң, деңге мас жанга ошондой ой келет экен да, тыйынын доолаганга кайыл Турар Атаев балыкты жолбундун алдына ыргыта берди. “Сасык балыкты сен же!” деди. “Талп” этип тумшугунун алдына түшүп, чаңга оонаган кургак балыкты азуусуна сала жара чайнап, үзүлгөн башын сугунуп атканын карап: “Кыргызым алтынчы кишиге азайып атса, жолбун иттер көбөйдү!” деди. Банкени көтөрүнө туруп келип, толтура сыра куйдурду. Кайра бурчка барып отурду да кере шимирди. Утур кере шимирет, арына келчүдөн бетер шимирет. Арпанын бурак жыты мурунду өрдөгөн муздак сыра ичин кызытып, эсин эңгиретти, капкайдагы ойлорду ойготту, бу саам курчураак ойготуп, курчураак козгоду. Айлананын ызы-чуусу карыш алыстап, тегереги тиешеси жок чимирилгендей туюлду.

(Бу илим жактаган кишинин бир жаман адаты болот тура, бир ойго сүңгүп алса, ийне-жибине чейин териштирмейин, себеп-жөнүн тактамайын тынчыбайт. Жакын билгендери ошон үчүн айтат да, “Абайласаңчы, Турар! Мээңе кан куюлуп кетпесин, анча эмне жаныңа күч келип?” деп).
Ошондо Турар Атаев кырк жылдан бери калаада турса да, кадимден элеттик Турар болуп толгонду, кадимки Асан-Кайгынын жосунуна салып толгонду. Илгерки окумуштуулук өмүрүндө, окууну бүтүп, “ойчулдардын академиги болчу элем” деп октолуп, Фрунзеде кала берчү өмүрүндө такай суктанып келчү, эскинин калдыгы деген жалаага, элеттин калдыгы деген кекээрге көгөрүп моюн бербей, кезинде Маркс илимине такап, илимий доклад жүрчү жерде доклад жүзүндө, акыйнек айтышчу жерде оозеки жүзүндө көшөрүп жактап келчү качанкы ойчул, тоо-талаанын, ошол тоо-талаанын боорун байырлаган эртекидеги көчмөндүү журттун ойчулу Асан-Кайгынын жосунуна салып толгонду.

“Жара тартылган кардынан оргуштап аккан, кыя кыркылган кокосунан түтүктөп аккан ысык канына капталынан чыланып, үшүнө келалбай үстөмөнүнөн чыланып, жат жердин топурагында оонап жатып, киндик каны тамган журттан айчалык алыс, жайнаган агайын-туугандан жылчалык алыс, өгөйлөгөн жайда далбас уруп, туйлап жатып, өбөккө келбей өзөрүп, томолонуп жатып, жаны эмне деп чырылдады экен бечаранын? Өпкө-боору жанчылып, акырек-сүймүлчөгү быркырап, деми кирбей кекиреги киркиреп, киртейип-караңгылаган көзү сүзүлүп баратканда, “ү” дээрине үн калбай, далбастаган жаны үзүлүп баратканда кимди сөктү экен акыркы ирет ал бечара? Кимге наалып, кимди сөктү экен? Кара курсактын айынан жер түбүнө боздуруп, кайнаган орустун арасына азгырып келген жазмышын каарып алдыбы, жутамыш турмушка туш кылган тагдырын каарып алдыбы? Калкынын канын чапкенедей соргон журт башыларын сөктүбү же канжарын жалаңдатып кашында турган, суук элеси карегине уюп, катып бараткан такырбаш орусту сөктүбү? Тирүүчүлүктөн үмүтү үзүлөөр ирмемде, чөөдөй талагандардын колунан жакшылык болбосунан күдөрүн үзөөр ирмемде, кайра ойгонгус, кансыраткан уйкуга чөгөөр ирмемде, ой тереңинде белендеген акыркы сөзүн кимге багыштады?! ”.

Ушул саптар келди оюна козголуп. Кайсы-бир, кайсы-бир жылдары, жазуучу эмес, ары жок жазмакер атыгып жүрчүсүндө, кыз талаштын айынан колуна жорголото калем алып, чыгармачыл эрөөлгө түшчүсүндө чиймелеген аңгеме сөрөйү бар эле, ошондогу саптар келди оюна. Ушул ойлорго чөмүлгөндө жону бүкчүйүп, өңү түктүйүп отурду Турар Атаевдин. Орус жеринде союлуп өлгөн алты кыргыздын азасын жалгыз тарткансып, алтоонун айтылбай калган, айта албай калган акыркы сөзүн, армандуу сөзүн жалгыз жандырчудан бетер үңкүйүп отурду. Сол колуна кыстарган тамекиси түбүнө чейин жылжып күйүп, эки эличе бозоргон күл болгонунда түлөп түшкөнсүп, түбүнөн күбүлүп калды эле, “Бү!” деп сапырылта үйлөп салды. Жана бир чылым алып тутандырды. Ушуну менен канчанчысын тутандырып жатканын байкаган жок.

Кайсы-бир ойчул чулусунан айткан дешет, а чынында жарты токоччолук тыйын аңдып, күнү түшкөн Ош базарын котолоп-тегеректеген ар бир экинчи кишинин оозунан күндө угат ал сөздү, вагондорго тирелип-шыкалып, кудай айткан шыбагасын издемекке туш-тарапка тентип бараткандардан угат ал сөздү, ошолордун ой учугун улады:

Жарыкчылыкка жаратаарын жаратып коюп, бирок тең
жаратпай, биринен-бирин кем жаратып, бирине-бирин тепсетип,

жер түбүнө талаалата тентитип койгон, кара жанын какшатып койгон кудай...

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 23 Апрель 2016 - 16:15

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Турар Атаев тып токтоду. “Койчу ошону!” деди таарынычы бардай. “Андан көрө!” деди. Арстанбекти эстеп, Арстанбек болуп козголду.

“Кул” дегенге намыстанды. “Жети атасын билбегендер “кул” атыкчу эле илгеркиде, азыр жети атасын билип туруп, кул болгондор чыкты, капырай! Жаманатты болчу журт эмес элек!” деп түтөдү. Ушул көз ирмемде Арстанбек болуп кубулду. Кыргыз - казактын мурунку замандагы кайсы-бир тобунда экейден 1 келген Сүйүнбайдын оозун жап кылчудагы, эбин билбей, элди көзгө илбей сүйлөгөн Сүйүмбайдын жалаяктай оозун кум куйгандай жапчудагы Арстанбектин айбаты бар эмеспи, ошол айбат келди Турарга. “Ары жок маңка казак, агарбай жүргөн жакасынын агарып калганына, акчасыз жүрүп, акчалуу болуп калганына, курсагынын бир тойгонуна корстон манкурт казак! Бу жарыктык Айтматов манкурттун образын казактан тапканы тегин жерден эместир!” деп сөгүндү. “Оң жагыбыздан орус – жоо десек, андан калышпай казак кошо жоо тура!” деп, кайраштырып отурду. “Кой, Туке! Сабыр кыл, бир тууган калыкпыз! Илгертен жайлоодо малы бир, жакада жаздыгы бир боордошпуз! ” деп, абалтан дайындуу сөздү айтып ким тыймак эле азыр, шардана айтып жатпагандан кийин, жумуру баш чимирилткен чеги жок, түбү жок ой-санаасын ким окуп коюптур, ээн-эркин сөгүп отурду. Мына ушинтип, бирде Асан Кайгыдай толгонуп, бирде Арстанбектей түтөп отурду. Бир туруп Асан Кайгы кептенип, бир туруп Арстанбек кептенип, толгонуп отурду.

“Жүүнү бош, жүдөгөн кыргыз өлдүбү, бөөдө кырсыкка

чалынып өрт кыргыз өлүп алдыбы?” деген ой кетти.

Турар Атаевдин маңдайына келген кишисинен, жашы-карысы болобу, “тегиң кайсы?” деп сураган дагы бир адаты бар. Абалкы адаты, аталардан үйрөнгөн адаты. Тек сүрүштүрмөй деп коёт. Сүрүштүрүп отуруп тек-жайын тактап, таап алса компоюп калат. Түптүү жерден таап алса, бүттү, “Аа, баатыр, баланча баатырдын урпагы турбайсыңбы, түкүнчө баатырдын тукуму турбайсыңбы! ” деп, сынай карап калат, аңырайса ата-жотосуна чейин санап берет. “Билип жүр!” деп коёт. Өзүнчө эле азыркынын санжырачысы. Тааныбаган кишиси жоктой жүрөт, эбак көзү өткөн кишилерди да, тирүүлөрдү да аралаш түгөлдөп, тааныгандай жүрөт. Гезиттен окуйбу, сыналгыданбы же бир топ жыйындан көрөбү, айтор, тааныш ат жолукса болду, “Ормондордун тукумунан, Жайылдардын тукумунан, Белек болот, Балбай болот” деп, эсебин оңой эле алып коёт. “Кайдан билесиң анын баарын?” дегенге, “ошонун да окуусу барбы?” деп, корс этип коёт. Коммунисттер койдура албай койгон качанкы адаты.

Азыр Турар Атаевди кудайым бир сактады, алиги өлүп алчу жигиттин тегин билбей калганы абийир болду ушул саам. Бу бир ууч кыргыз баласынын тек-жаатын жеткире билгениң, ата-жотосуна чейин санжырасын так билгениң да бир азап экен, өз башыңа өзүң үйгөн арылгыс шор экен, өлүп алчу жигиттин тегин укканда өңгүрөп өкүрүп жиберет беле!?. “Адыгиненин балдары азганынан базарчы болуп кетти, колтукка найза толгогон Тагайдын балдары таруудай чачырап, күрөк-шыпыргы көтөрүнүп, көчө шыпырып калды, арман-ай!“ деп, кейип-кепчип калчу адаты бар эле, алдындагы банкени азыр жерге бир уруп, айкырып алат беле!?

Турар Атаев сырадан чоң жутуп, жеңилдеп алды.

Ээ, уят менен сыйытты ушу Турарга эле берип койгонсуп, уят-сыйытты ушунчанын ичинен Турар эле билип койгонсуп, “ар-намыс” деп жүрүп эмне гана кылган жок турмушунда. Өзү айткандай киши гана өлтүргөн жок, же болбосочу, киши баласы элестеткендин баарын жасады. Жакалашчу жерден жакалашты, сөгүшчү жерден сөгүштү, кудайым муштумду берип койгон экен ченебей, төбөлөшчү жерден эчен-эчен төбөлөштү. Далайдын сазайын карматты го колуна! Агезде билегине ишенген жаш чагы эмес беле. “Илим жактайм” деген ой жок, урунуп-беринип турмуштан ордун издеген кезеги эле. Кийин жогорку билимдүүлөрдүн катарына кошулмакка университетти бүтүрүп, илим жактап, интеллигентке окшоп калганда (илим жактаган кишинин жүрүм-туруму ошондой болот тура), чоң-чоң жыйыны болобу, көчөдөгү талаш-тартышы болобу, жаакташчу өнөр тапкан, жаакташчу жерден далай-далай жаакташты, эзели тим калган жок. Университетте жаакташты, троллейбус- автобуста кызыл-чеке жаакташты, “Эй! Жүнбаш!” деп Фрунзенин мончолорунда жакалашып, жаакташты...

Ушунун баарын чечилип бир айтайын, төгүлүп бир сүйлөйүн десе, кулагын төшөп угарга гана киши жок мындайда, чиркиндики! Өзү айткандай, “ардуу бирөө жок”, чиркиндики!

Арына уудай тийген суук кабардын күүсү менен, сыранын канды кызыткан күчү менен козголуп алган ойлору чубалып келе берди, келе берди...

Турар Атаев жаңы жандырган тамекисин маашырлана соруп, көк түтүндү оозу-мурдунан бурулдата узун үйлөп коё берди бир окуяны эстегенде. Күлгүн жаштын үч жылын кирзе өтүкчөн өткөрчүдө, солдатта жүрчүдө мушташка түшкөн, ошону эстеди. Бир белорусту кызыл-ала кылып сабаган, белчесинен чечинип алып сабаган, ошону эстеди. Белорусту кызыл муштум дешет экен, “кызыл муштумдан келгенди көрөйүн, сен – Белорустун, мен – Ала-Тоонун бир кычыгынын кулуну” деп мушташка түшкөн. Турар сабады. “Запомни, салага! Я - потомок Чингиз-хана! ” деп койгон аягында. Өзү деле түшүнүп-түшүнбөйт эмнеге антип айтканын. Өзүнүн жетинчи атасы Чынгышты айтпай, каяктагы Чынгыз ханды айткан.

Турар Атаев эрксиз билинер-билинбей ууртунан жылмайып, сырадан ууртады. Кайран кезең! “Абасы атыр жыттуу, аскар чокулуу Ала–Тоонун Арал деген айылында жашап, эмгектенип жаткан атам Атай менен апам Бурулканга жайы добулдуу, кышы бороон-чапкындуу Сибирьдин Красноярск шаарында Советтик Армиянын катарында аскердик ыйык милдетин өтөп жаткан жоокер уулуңар Турардан ысык салам!” деп баштап, аягында “кыргыздан - экөөбүз” деп кыстарып, кат жазаар эле анда.

“Эч кимге алдырган эмесмин десем өтүрүк болор. Машаяк белем, жеңилген учурум да болгон, - деди Турар Атаев. - Жеңилмек турсун, жек көрүндү болгом...”. Ошондон тарта өзү да жек көрө баштаган...

Ал сырадан жана бир мертебе кулкулдата жутуп, үстүңкү ээрдине конгон ак көбүктү сүртүнө, ууртун кымтыды. Жазы кабак тушунан салаасын салды да, артка кайрылган, тармалынын изи алигиче жана элек ак чачтарын тарап койду.

“Макоо болуптурмун” деди. Ал оюнда ошондогу, жыйырма тогуз жаштагы Турар Атаевди жекирип алды. Ошондогу Турар Атаев көз алдына жүүнү бош, акылы толо элек, алдап койсо жоошуган аңкоо болуп элестеди. Каруусунун кара күчүнө гана ишенген кеңкелес элестеди.

- Мунун баарын эмнеге эстеп отурам азыр!? – деп күбүрөндү Турар.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Азыркынын бокмурундарына өрнөк болсун, ушунун баарын китеп кылып жазсамбы! ” деген ой кетти эргиген жанга бир туруп. Кайра көөнү айныды: “Афганчы белем? Ким окуйт эле аны?”. Китеп жазып көргөн жок беле кезинде? Ал учурда колхоздун мүлкүнө суук колун салды деп айгак чыгып, жалган-чындан жамандап, кара чечекей жатындашын да какшатып таштаганды, согуштагы эрин күтпөй, качып кеткен жеңил ойлуу шуркуяларды (“эркек көрсө ээрчип кетсе – шуркуя эмей эмине?” деген сөзү бар Атаевдин, жаалданып алганда андан орой айтат), үй бетин көрбөй, колхоздун төлү үчүн жанын садага чапканы калган чабандарды, алардын артынан жабыла жүргөн сакманчыларды, саан менен таң атырып, саан менен кеч киргизген саанчыларды жазгандар макталчу эмес беле! Партиянын айдагы астында аларың да арбап алгыдай кыйын жазышчу, окуп отурсаң кыргыздын койлору жалкы төл бербей калган ал заманда , жалаң эгиздеп төлдөп, алды үч эмден жазчу эмес, чабандары болсо койчо маарап, кой тилинде сүйлөгөнү калгандай таасир калчу. Ким билет, Советтер Союзу дагы беш-он жылы бүтүн турганда, эргулдарың аны да ойлоп табышмак беле балким... (Ушул жерден ага: “Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу радиоугуучулар! Фрунзеден сүйлөйбүз” деп башталчу кыргыз радиосунун берүүлөрү эске түштү, койлордун жабырап маараганынан бери уктуруп турчу эмес беле, туут маалында кудайдын куттуу күнү угулчу кыргыз радиосунун баяндамалары болор эле, дубалдагы мыкка илинүү радионун кулагын бурасаң эле радиокабарчынын микрофонун талашып жатышкансып малыш койлоруң да бир маарап берчү ал заманда. Бүтүн Кыргызстан маарап жатып калчу эле).

Касымбеков Касымбеков башы менен куугунтукталып жаткан ал чакта Турарга окшогондорго ким коюптур!? Сокулуктук Ногой аксакалдын санжырасын кошуп жазгандагы аңгемесинин кол жазмасы басмакананы кой, Жазуучулар Союзундагы көп секциялардын бириндеги талкуудан – баамында, баштооч жазуучулар менен иштешүү секциясы болсо керек эле - өтпөй калбады беле! Жазганды кой, айта коём деп оозу күйүп, партия менен комсомолдун тепкисин жебеди беле!? “Партияда жокмун” деп какшаганына карабай, кашайгырлар партияда барлардан жаман сөгүшкөн. “Жазаң аз тийип калды” дедиби, баканооздук менен оокаты өткөн мансапкор бирөө жогору жакка жагынып, тоголок арыз айдап жибериптир андан ары, алиги үч тамганын 2 эрмегине айланган, кызылчоктору аңгемелешүүгө чакыра берип жүдөтүшүп, аңгеме жазгыс кылышкан экинчи. Улутчулдуктан жалкыталы дешкенби. Уламачыл Ногойдун өзү деле өмүрүндө анчалык сөгүү укпаса керек, ага чейинкилер, ага үйрөткөндөр деле анчалык сөгүү укпаса керек, баарын жыйыштырып Турар уккан. Ошондогу тоголок арызчыл бир жасакердин азабы-ы!

Ушул ой келгенде Турар Атаевдин ичи туз куйгандай тыз этип, кейип алды.

Тилине кирип, неге ээрчидим? Эмнеден корктум ! – деп
жемеледи өзүн. – Коркпой эле койсом болмок! Катуу туруп, кармашсам болмок! Акыр түбү утмак экенбиз...Кыжыры кайнап, ачуулуу жаны ошондогу, отуз беш жылчалык мурунку Турар Атаевди оюнда чоң колу менен “дүк” эттире көкүрөккө дагы бир ирет уруп алды. Алтымыш бештен ашса да азыркы Турар Атаев андагы Турар Атаевден алдуурак экен, оң муштумун шиледи эле, отуз жаштагы Турар Атаевдин тумшугуна таамай тийип, оозу-мурду канжалап, эки аягына араң-араң таканчыктап, солдоюп туруп калды. Маңдайкы эки тишин ыргыта койду оюнда. Оозу-мурдун кыйшайта койду оюнда. Ошондогу Турар Атаевдин суракчысынан бетер, “сол ишиңдин сообу ушул” деп, кулачын керип туруп сол муштумун шиледи эле, олбурлуу десең олбурлуу, далылуу десең далылуу, көмүрдөй кара чачтуу (үксөйүп тармалдуу эле), бийик маңдай, чап жаак отуз жашар Турар Атаев каршылык көрсөтүүгө алы жетпей, башын буруп ойт берүүгө дарманы жетпей, үнсүз-сөзсүз эки бүктөлүп отуруп калды. “Эркиң бош кандай акмак болгонсуң! ” деп, үстүнөн үйрүлө кыйкырып койду оюнда. Ушинтип бир Атаев эки Атаев болуп, бири - жаш Атаев, экинчиси – кары Атаев болуп кармашып, кызарып-татарып отурду. Бир Атаев эки Атаев болуп арбашып, арманы көкүрөгүн ачыштырып, көзүнө жаш толо жаздады.

“Мени тепкилегендер азыр Акүйдүн алтынчы-жетинчи кабатында отурушат, желдеткичке желпинип, тегеренме отургучтарына чалкалап, бийик терезелеринен Ала-Арчанын тоолорун, чокусун ак чалган шаңкайган аскар тоолорду тиктеп отурушат! Көкүйдү билип отурушат, көк терезелеринен Боз-Бөлтөктү тиктеп отурушат! Боз-Бөлтөктү билип тиктешеби?! ” деп обдулду. Сол капталына кыңкайып, шымынын оң чөнтөгүнөн кадимки бышкан кирпичтин жарымынчалык келген колтелефонун (“NOKIA” деген жазуусу бар бирок) сууруп чыкты да кимдир-бирөөнүн номурун эстей албай кабагын түйүп, кармалап туруп калды. Жаттагыдай болду эле, канча эле? “0772 31-...-...” деп, андан аркысын таба албай туталанды. Жазгандай болду эле, каякта эле? Жамбаш чөнтөгүнө кыстарылуу, кырлары кетилген эски блокнотун cууруп алып аңтарды. Бүктөөсү сөгүлүп, бириндегени калган блокнотунун улам бир бетин аяр барактап, үстү-үстүнө чийилип оңдолгон, жол-жол саптарга үңүлөт. Кыйшыгынан жазылган, ирээтин бузуп туурасынан жазылган, бирде бадырайта жазылган, бирде чычкан жоргологонсуп майда, эки саптын арасына кыпчылта жазылган эски досторунун аттары көзгө урунат дароо. Оң сөөмөйүнүн учуна ”түү!” эте түкүрүнүп, улам бир бетин барактайт, эбак көзү өткөн теңтуштарынын ысымдары учурайт. Качанкы блокнот, качанкы ысымдар, качанкы даректер...

Бул катарымдын көзү өтүп кеткен... Мунум кабылан эле,
кап, көзү өткөн... Сыянын күчүн! Блокноттун бетинен өчпөй дале жүргөнүн кара, бул да өткөн... Кайран досум, мунум он жыл мурун өлгөн! - деп күбүрөнө, утур бир бетин барактап, чакмак беттүү эски блокнотун барактаган сайын эски номурларды шыкаалап, оо дүйнө салган, эбак казанак ичинде эки кулач жерди кучактап жаткан он чакты тентушунун атын да таап алды. Тапкан сайын бейиши болгурлардын бейитин кошо түгөлдөп коёт:

Баланчанын сөөгү айылына коюлган. Түкүнчөнүн сөөгү
андан он чакырым алыстагы жердин астында, ал да айылына коюлган. Бул бечаранын сөөгү Күнтууда калды. Гмм... Ала-Арчага көмүлсө эле жандары бейишке чыга тургансып, кызматы өткөнү-өтпөгөнү деле Ала-Арчадан жай талашып жатканда Зулпуюп бечаранын сөөгү ардакталбай калды. Бир дөбөгө чогулгансып, Фрунзенин көчөлөрүндө далай жүрдүк эле, кыбыланы баштана чым жазданган сөөктөрү эми көрүнгөн бейитте жатат!

Ушинтип улам бир бетин барактап, бириндеген досторун тактап, эчак өлгөндөн блокнотуна телефону түгүл, эч качан аты-жөнү жазылбаган Зулпуевди ичинен аяды:

- Кудай ургандай атеист неме эле, кантти экен? “Улуу сюжетти” издеген кайраным!

Анан:

- Бир жерине чиймелегендей өңдөндүм эле, түлөөң каткыр “төртүнчү секретардыкы” жок го! - деп күңкүлдөдү.

Баары-жоктун бары жазылып, издегени жок, кашайып. Бир оокумда эстеди, эгемендүүлүктү ушул алып бергенсип, көйрөңдөнгөн неменин номуру да көйрөң, - 31-08-91 эмеспи, эгемендүүлүктүн күнү эмеспи, “31-август, 1991-жыл” дегени эмеспи! Ошон үчүн жазган эмес блокнотуна.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Чалып, кулагына такады. Тыңшаса, кеткен чырылдагы башкача. Элдики жөн чырылдаса, мунукунан гимндин кайрыгы угулат экен артка. “Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен барабар” деген жери бар го, оркестр ошол жерин түркүн аспаптар менен үйлөп ойноткон жери бар го, так ошол жеринен баштап угулат экен. Бир укканда “Ордуман атып турсамбы?” деген ой келет. Эки мүнөттүк абанын толугу менен жаздырып алганбы, Турар Атаев кол телефонун тажабай эки мүнөттөн ашыра кармаса, гимн эки мүнөттөн ашыра ойноду, бирок телефондун кулагы ачылып, ээси жооп берген жок. Ошол “сволучту” бир каарып алсам деди эле, атаганат! “Алло” деген үнүн уксам, ашатып бир сөгүп алсам деди эле, атаганат!

- Черт побери 3 , Акүйдө отурса эмне экен! - деди орус тилдүүлөр менен акыйнек айтышчудагы эски адатына салып.

Туталанган тейде башын бурду. Тигинде, чала бүткөн кирпич үйлөрдөн берегидеги жол боюна кыркалекей өскөн теректер урунду көзүнө. Тааныш теректер эле, бирок негедир сөңгөктөрү кыйшайгансып, көлөкөсү тетири көрүндү. Шаарга алгач келгенден бери, шаар астанасын алгач аттагандан бери көзүнө көнүмүш болгон теректер эле. Сөңгөктөрүнүн кыйшайганын! Айылды, тууган айылы Аралды эске салган кайран теректердин аралары суюлуп, картайып баратышкан экен. Алышка суу жыгылбай, куурап калганы бар экен. “Илгери-илгери замандарда, биз жаш жүргөн чактарда узун өскөн теректер болор эле, күмүш жалбырактуу болор эле, айдарым желге шуудурап шоокумдуу болор эле, шоокуму моокумду кандыраар эле, узун теректердин узун тийген көлөкөсү, калың өскөн теректердин калың тийген көлөкөсү болор эле. Көлөкөлөп отурчу элек, ал кезекте сыраны теректин көлөкөсүндө шимирчү элек. Кудай уруп, терегиң кыйшык өскөн, өзөгүнөн кыйшыйып өскөн, көлөкөсү тетири тийген заман келгенби? Көлөкөсү тетири тийген заман!?” – деп таңданды масая түшкөн Турар Атаев: “Же акылым тетири айланып, тетири көрүп жатамбы? Же тегерегимди тетири баамдап жатамбы?..”.
Кылда курбуусунда “Автовокзал” деген жазуусу шоңшойгон, – так ошол жылы Фрунзе жаңы вокзалдуу болгон – эки кабат имараттын асфальт жалатылган короосуна түш абыдан маалда кирип барган көк автобус капталдата жай имерилип, көлөкөлөй токтогондо ар кошкон жолоочунун арасында көк чемодандуу, айры калпактуу кыргыз жигит кошо түштү.

Аскерден кайтчусунда орусту көргөн каадалуу кишидей жанына бир чемодан күткөн эле, эки сыйра кийим-кечегине, дагы эки күндүк күл азыгына ичи толу, жүккуржуну да ошол, күлазык куржуну да ошол көк чемоданын колтуктаган Турар четтей басып, саамга турду. Жүк ташыган чүмкөмө машинеден машинеге жармашып, ой-талаанын баарын айлана Жамбылга жетип, ал жерден автобуска учкашып үч күн бою тынбай жол жүргөн неме акыры таманы жерге тийип, боюна кан чуркап, мойну-башы жазылганына жеңилдеп алды.

“Фрунзелеп келет, кыргыз баласы уюктаган абат жайга келет” деген ушундай болот экен тоолук кыргызга, өгөй сезилген жок. Чоктой балбылдаган оттору байкала элек , бирок вокзалдагы кыймыл көзгө бир эсе жылуу көрүндү, бир эсе кымгуут көрүндү. Кере кулач тамгалары карк темирден гана ийилген курбуудагы жазууну жана бир мертебе чалкалай карап алды. “Автовокзал! Кыргыз ССРинин булуң-бурчунан, Нарын, Ысык-Көл деген итапкан жерлеринен бери кыйма-чийме каттаган жолдор, коңшу казак менен өзбекке кетчү кан жолдор келип түйүлгөн жер турбайбы! ” деди оюнда. “Тогуз жолдун тоому турбайбы! ” деди быйыл эле тургузулуп бүткөн вокзалдын имаратынан көзүн албай.

Бара турган жери анык болбогондон кийин ашыгып аткан киши жок, калаага келгендеги, калаа менен таанышчудагы жөрөлгөсүн жасап, кайруусун маңдайына түшүрө кийген калпагын көк желкеге түртүп салып, көк чемоданын көтөрүнө басып, вокзалдын имаратын бир айланды. Архитектура жайын түшүнгөн кишиден бетер ичи-тышын аңтара көз чаптырды. Имараттын бийик керегесин, төрт кабат үйдүн шыбын тиреген түркүктөрүн сонуркай карап, жомоктогу, кадимки эле кыргыздын жомогундагы алты капкалуу, жети капкалуу шаарлар эсине түштү. “Куруучу болсомбу! Куруучулукка тапшырсамбы документтерди! ” деп, оюу бузулду калааны аралабай жатып. Ашканасы бар экен ичкериде, чыгдан тарапта экен анысы, оту каланган казанында аш бышып жатканбы, не бир түркүн даамдын, аскерде жок, айылында жок тамак-аштын чүйгүн жыты каңылжырды кытыгылап, шилекейди агызат. (Пиязга шыкалып, майга сызгырта бышырылган “пирожки”, “котлет”, анан да “чүчпара-пельмен” дегени экен, кийин билсе). “Буфет” дегени бар экен, ал жагынан стакан-бөтөлкөлөрдүн кагышканы, орус катындардын шарактап каткырганы угулат.

Имараттын ичи-сырты, жака-бели баягы армияда, “Лениндик бөлмөдө” көргөндөгүдөй ураандар жазылган кызыл-тазыл көрнөк-жарнактар менен жасалгаланган. Бир айырмасы – ырымга кыргызчасы да бар, дагы бир айырмасы кыргыз өң тартылган, көбүнесе кыз-жигит тартылган сүрөттөр көзгө учурайт. Коммунизм заманынын жарчылары учурайт.

Шам-шум этип алуудан мурун, кыркалекей өскөн теректердин көлөкөсүн бойлой вокзалдын күн чыгышы, какшыган таштуу сайга жанаша турган жагына басып келди. Аныгында даараткана издеп келген. Шыпылдай бөртүп улам бири төмөнгө кайкалаңдап жүгүрүп түшүп, төбөсү көрүнбөй калып, кайра ычкырын оңдонуп чыга калып жатса, коктулуу окшойт, дааратканага ылайыктуу далдаа окшойт деп басып келген. Басып келди да көргөн көзүнө ишенбей, оозу ачылды. Айран калгандан көк чемоданын жерге кое койду, анысы кыйшык коюлган экен, капталына “күп” эте жыгылды эле, элес алган жок. Көзү алайды. Шумдугуң кургу-ур, өзөн какшыйт дегенди биринчи көрүшү, таманында шагыраган ташы калып, какшыган сай жатат вокзалдын жанында! Ала мөңгү тоолордон шарпылдап агып чыккан “Аламүдүн”, “Ала-Арча” деген өзөн болсо керек эле ушул сай угушунда, ошол Аламүдүндүн тамчы суусу жок, какшыган сайы жатат! Карасаң, кулактап бууп, буруп жибергенсип, өзөндүн ташы жайнаган сайы калып, өзү жок! Мээ кайнаткан мынабул жай саратан, Сары-Өзөн Чүйдүн саратаны канын катырта чаңкагандан кашайгыр бирөө башатынан оп тартып ичип, соолута ичип салгансып, какшыган сайы жатат! Кимдир-бирөөнүн сай тууралуу айтканы келди оюна, шашкандан “сай бузулат сак болгун” деген сап болуп келди, шашкан жаны бузулуп келген сапты ушинтип жамап, жамактап койду ичинде.

Желкесине түшкөн калпагын алып желпинди. Ташы төлдөп жаткансып койташы жайнаган сайды, сайдын башы башталган тээ алыстагы калкагар тоолорду – Ала-Тоонун ак жалкак - көк жалкак мөңгүлүү кырларын телмире карап туруп: “Бир учурда биздеги Нарын болбосо да, береги Узун-Акмат, Чычкандын сууларындай суу болсо керек, таштан-ташка урунуп, ак көбүк чачыратып, чамынып аккан өзөн болсо керек, көздүн жоосун алган көркү болсо керек. Кыргыз баласы башынан суу жээктеп конгонду сүйгөн эл эмеспи, илгериде кыргызың Кыргыз ССРи боло электе, солто-сарыбагыш болуп жашачу кезде, Койлондун балдары 1 (“Койлонду” айылдын ак ээк абышкаларынан уккан) эки жээгине жакалай конуп, сайды тирей шыкала конуп, ак өргөө, боз үйлөрү казганак тизилген, кудайдын куттуу күнү казаналуу той-топур менен өткөн кезеңи болгондур бул өзөндүн!” деп ойлонду.

Ошондо эсин жыйып, жан-жагындагы кишилердин жүзүнө тигилип, каранып жүрөт. Кыргыздын борбору, айылдын эски кишилери айтмакчы - ордосу болгон соң, солтонун жеринде турган соң жайнаган солто кыргызын көрөм деп жүрүптүр жаман оюнда. Жолду катар ушинтип ойлоп келген. Ток пейил солтолор, байпагы макмал болуп, жетишип калган солтолор кыргыз көрүнсө эле калпагын булгалап, “кош келгиле, тууганым, кош келгиле!” деп тосунуп тургансып, тегерегин каранды. Кымгуут элди байкаса, жалаң орус. Эркеги көбүнесе маңдайы курбулуу шапкечен, жеңи чолок көйнөкчөн, аялдары ооздорун манаттай боёп, төбөсүнө шоңшойтуп чач түйгөн. Дүмбүл кучакташкансып бирден балмуздак уучтап алышкан. “Орустун шаары окшойт” деген ой кетти. Анысын сынамакка амал ойлоп тапты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Вокзалдан күн чыгышка кеткен чоң көчөнү бойлой, сайга артылган көпүрөдөн ары жүз кадам басты, жүздөп орус жолукту. Андан ары караса каршы-терши түшкөн, короолуу, учурма чатырлуу үйлөргө эки бети жык, учу-кыйры көрүнбөгөн көчөлөр жатат. Дагы бара түшсө калыңдап эле кете берчүдөй орусуңдун катары. Беридеги эки көчөнүн кесилишинде котологон топту караса, боорунда “квас” деген жазуусу бар, чорголуу жагына кыңайтылган сары бочкени тегеректеп турушуптур. Уулу-уулу болбой, ар кошкон эл аралаш түшкөн көчөлөр ары сүрдүү, чоочун туюлат экен, бөтөнсүп артка кайрылды да көчөнүн күн жүрүш жагына басты. Вокзалдын тушунан басты жүз кадам, жүздөп-жүздөп жолукту орус бул жактан. Жарданып автобус аңдыганы деле, котолоп такси күтүнгөнү деле орус. Аялдамадан ары баскандан, ашыгыраак баскандан айбыгып, алыс барса адашып кетчүдөн бетер айланчыктап турду вокзалды. Кыргыз өң көрүнбөйт, бир-экөөн окшоштурду эле, дурустап бакса калмак көз өңдөндү, билсе кендир кап артынган дунган экен. Көк чемоданын көтөрүнүп ары-бери басат, маңдайдагы үйдүн туюк дубалына илинген боёктуу сүрөттөн көзүн албай, “Фрунзе - ири алды орустун шаары окшойт!” деп көңүлүнө түйүп койду. “Түбөлүк улуу орус эли менен бирге!” деген урааны кызыл тамга болуп чийилген, кыргыз жигит менен орус кыздын кол кармаша баскандагы элеси түшүрүлгөн сүрөткө көзү кадалат, оюнда “орусу көп жер окшойт” деген санаа турат. Маңдайдагы ак болотной сүрөттө ак калпакчан, бүйүрмө жакалуу ак көйнөкчөн, кең багалек шым кийген олбурлуу кыргыз жигити гүл саймалуу, этеги жоон балтырга жетип-жетпеген көйнөкчөн (орустун улуттук кийими көрүнөт), олоң чачы эки өрүлүп, эки ийнинен ашыра ташталган, мүчөсү маралдай, күлкүсүнөн ууртун араң жыйган куйкул сары орус кызды ынагындай жетелеп, кынала жетелеп, кайдадыр алып баратат, маңдай тиштерин кашкайтып, күлүп-жайнап баратат. Партиянын ураанын, коммунизмге чакырган ураанын (балким, коммунизмди чакырган ураанын) бир саамга унутуп, сүрөттүн жалаң өзүн тиктесең, аларды тулаңы жашыл жайлоого, элетке баратат деп элестетишке болоор эле, “кыраан кыргыз экен го, жайлоодогу үйүнө, элеттеги жоро-жолдошторуна көрсөткөнү үр кызды алып баратат го” деп ойлош мүмкүн эле. Урааны го урааны, аныгы кандай дегенсип, кайра каранат Турар. Орус кыздарды билегинен имере тартып жетелеп, арышты антип кең таштап басканды кой, шынаарлап баскандары деле байкалбайт кыргыз беттүүнүн, шынаарлаганды кой, тирүү бирөөсү байкалбайт. Түрү андайдан нараагыракта өчөйө аягын тарткан, бою жапалдаш, орусча чокчойтуп көкүл коюп, чачын тетири сылаган, буту ийри бирөөнү көрдү. Кыргызбы, казакпы же корейи менен калмагыбы, айтор ойлуу баратыптыр. “Жыбыраган орустун арасында иттин чүкөсүндөй болуп...” деди Турар.
Вокзалдын үстү, жолдун наркы бети таңы чыккан кепелүү шаар эле анда. Суурдун ийининдей болгон, жалпайган чатырларына кара кагаз чапталган (“андай менен даараткананы каптай баштаган биз жакта”), анысы сайдын майда ташы менен бастырылган (желге сыйрылып, түшүп калбасын дешкендери экен), дубалдары жерге кирген жепирейген кепелердин жыштыгынан эшиги кайсы, короосу кайсы билинбейт. Ийри-куйру көчөлөрүнүн эни эки аттам, аракка тойгон бирөө-жарым туурасынан куласа, жол бөгөлүп калчудай. Түрү кыргыз кебетелген неме ошол көчөлөргө кирип, кепелерди аралап кетти. Ушул кепелүү жерлер “Төкөлдөштүн этеги”, “Карпинканын башы” деп аталаарын кийин билди. Бир күнү өзү да ушул көчөлөргө корголоп келээрин гана билген жок.

Мына ушинтип, ачылыш жасагансып, кең Фрунзени дурустап аралай элек жатып өөнүн таап алганына маашырланган Турарга “эми кетейин!” деген ой келди. “Университет, политехникалык институт, медициналык институт... Кайсынысынан баштайын?” деп, желкесин кашынып турду. “Университетке токтободум беле! Оболу университеттен баштайын, университетти табайын” деди. Болжосо жарым сааттан ашык вокзалды айланчыктап жүрүптүр, келгенден бери дудук кептенип үн катпай тегеренип жүрүптүр. Кыргызды биринчи көрүшкөнсүп, баятан шилиден өткөрө бир тиктей калышып, анан жолун улаган орустардын ылайыктуу бирин токтотмокко, жол сурамакка комдонду. Оюн жыйгыча капталынан бир орус омуроосу менен сүзүп өттү, вокзал жакка ашыгып бараткан неме көрүнөт, артын карабай сүйлөнүп өттү. “Жолдун ортосуна туруп алганымды кара” деди да Турар четтей берди. Кургаган тамагын жасап, сөзүн белендеди. “Не подскажете, товарищь, как можно доехать до университета? “ 2 деп сурашка камданды.

- Сынок, квартиру ишещь да? Я могу сдать одну комнату, с хорошими удобствами. И улица бесшумная, тихая, 3 - деди башына бир байлам чыт жоолук салынган, жалаңкат чыт көйнөкчөн, тор баштыгына эки бөтөлкө кефир көтөрүнгөн орус кемпир озунуп.

Ушу Турарды эле күтүнүп, бир бөлмөлүү кепесин Турарга белендеп тургансып, жандап өтүп бараткан жеринен жооп күтө токтоп калды.

“Спасибо, бабушка!” деп кошумчалаганды үйрөнө элек кези, шашып калган Турар:

Нет, не надо, 4 - деп, башын чайкаганга үлгүрдү.
Айтканы жетишпей калгансып, тилин “шык” этип койгону да бар аягында. Басып кеткен орус кемпирдин артынан карап, эки нерсеге таңданып турду. Жайдак көйнөкчөн жүргөнү таң калтырды. “Мунун курагындагы Аралдын кемпирлери кызыл ашыктан көйнөк кийишип, бул маалда белдемчилерин белден, күрмө-чыптамаларын жондон түшүрүшпөйт, күбөк-чачпактуу! ” деди оюнда. Экинчи таң калганы, Турардын коноорго үй таба электигин туюп койгону. “Айылдан жаңы келгенимди кантип билди? Калпагымдан билдиби, же көк чемаданымдан билдиби? Же апендидей ары-бери айланчыктап басканымдан баам алдыбы?” деди ичинде. Өзүн-өзү жекип, ушундан кийин корунуп калды, көгөөн көздөнгөн орустар Турардын айылдык турпатын жабыла тиктегенсийт, корунган жанга кемсинте тиктегенсийт. “Шымымдын кыюсунда айып барбы? Көйнөгүмдүн бычыны башкачабы? Жакасы боштон жалгыз окшоймун, шаардыктардай болуп жагоо байланып албаптырмын” деп, көлбөөрүгөн шым-көйнөгүнөн кысынып, көзүнүн кыйыгын салып, орустардын үстү-башын аңдыйт. Красноярскиде аскерде болгону эсеп эмес окшойт мында, эптеп эле эртерээк кыргыздуу жерге кирип кетүүгө ашыкты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ал заманда Фрунзелеп келген кыргызга кыргыз көрүнсө эле, жүлжүйгөн көзү жылтырап жылуу учураса эле, “кыргызсыңбы? ” деп такташып коюп, кыргыздыгы билинсе эле сүйлөшүп-сырдаша бермейи адат болчу. Азыркылар кандай билбейм, ал заманда аялдамада болобу, автобус-троллейбуста болобу, “каяктансың, тууган?”, “каяктансыз, карындаш?” деп алдынан бир өтүп коюп, түгөлдөшүп коюп, сөзгө тарткандын эрөөн-төрөнү жок болчу. “Андай чылык-былык айылдыктардын, колхозчулардын, анан барып мыркымбайлардын кылыгы” деген сөз кийин чыкпадыбы. Ал учурда “асылуу” деп айтышчу эмес, “кыргызга кол сунуу”, “кыргызчылык адети” деп коюшчу. Көчөдөн эле таанышып, керек болсо көчөдөн эле танашып-кеңешип алышчу. Кеңешкендеги сөздөрү да кызык болоор эле: кайсы жерде, кайсы зоот-фабриканын кыргыз баласына ылайыктуу, кыргыздын колунан келчү жумушу бар, кайсы көчөнүн орус кемпири жаман кепесин батирге бермекке камдуу, тооктун кепесиндей болгон ал батирдин бир айчалык баасы канча сомго бычылган, орустан калышпай колбаса алуу үчүн, колбасанын үстүнөн жазбай чыгуу үчүн кайсы дүкөнгө, кайсы убакта баш багуу керек ж.б.у.с. Кыскасы, тизмелесең өзүнчө бир эшек дептерлик. Ишиң чыкса, күнүң түшүп баратса да, маңдайыңан кыргыз жолугуп калса непадам, “кыргызчылык кылыңыз” деп кутулчу эмес белең. Мына ушундай сыйкыры күч сөз эле, сыйкысы кем ал замандын жазылбаган урааны эле. Ушундай адеп күткөн заман эле. Көзүнүн кыйыгын агытып, кыйтыйып караганды билчү эмес алтымышынчы жылдын базар көрө элек кыргызы, кыргыз көрсө кыйдыланып турчу эмес алтымышынчы жылдары калаага кирген кыргыз кулуну!

Тердеп-кургаган Турар жалаяктай жүзаарчысын алаканына жайып, жаак ылдый шоргологон терин аарчынып турса, эңчер бойлуу, алп мүчөлүү, бука моюн аксакал басып келди күшүлдөп-бышылдап. Чокчо сакалдуу, кыйгач көздөрү сүрдүү. Башында калпак, үстүндө чийбаркыт күрмө, шымы - галифе. Кром өтүгүнүн жоон балтырына батпай, кыя тилинген кончунда бир көк дептер, колтугунда гезит кыстарылуу. (Турар анын “Советтик Кыргызстанды” кыстарып алганын баамдады). Айылдын активдериндей кейиптенет, бирок жашы актив курагынан улуу. Алтымыш беш – жетимиштерде бар курагы, күүлүү-демдүү турпатын карап, “абышка” дегенге ооз барбайт бирок. Төкөлдөштүн жоролуу кычыгы болуп, ошол жерден бозого тоюп чыкканбы, сары бочкенин түбүндө орустан кезмет талашып, түртүшүп жатып, сырага тоюп алганбы, алагүүсү да бар. Чолок жең көйнөкчөн, шапке-шляпачан орустардын арасында үстү-башынан корунганы, чоң шаардан адашам деп апкаарыганы байкалбайт.

- Айылчылап келген жөнүң бар, жигитек, – деди аксакал туурадан.

- Ийи, - деди Турар, - Окууга тапшырганы келгеним.

- Азамат! Окуш керек мүмкүнчүлүк барда, партия менен өкүмөт үндөп турган чакта - деди аксакал күшүлдөп, - Окуунун кайсынысын тандадың?

- Университет, - деп “лап” эттирди Турар.

“Чоң сүйлөп салдым окшойт” деди ичинде.

- Эр экенсиң. Жердигиң? – деди аксакал.

-Жердигим - Кетмен-Төбө, уруум - саяк, аба, - деди Турар.
“Кетментөбөлүкмүн, анан да саяк кыргызымын” дегенди укканда, баятан суракка алып жаткансып, бекем такыган аксакал көзүн чоң ачып, “ээй” деди.

-Урууң ким? – деди кадаланып.
- Саяктын ичинен каба, кабадан качканак. Бизди Чынгыш уулу деп коёт, – деди Турар эчтемеден камаарабай.

-Ооу! – деди аксакал.
Адегенде Турардын жүзүнө жалт тиктеп, анан баштан-аяк бир сыйра сыдырып карап алды. Табылбай жүргөн кептин учугун жандыргансып, издеп жүргөн кишиси эми табылгансып көзүнө сырдуу тигилди. Кимдир-бирөөнүн элесин, кимдир-бирөөнүн көчүп жүргөн көлөкөсүн Турардын көзүнөн көргөнсүп:

-Баатыр, сен Кан Садырдын 5 урпагы турбайсыңбы! Кайран
гана кан Сады-ыр! Бар экен го урпактары! – деп жебиреди.

Кан Садырды өңүндө көргөнсүп жебиреди.
-Уккам. Уккам Кан Садырды! – деди Турар.
Сөзүн улагыча тиги киши сүйлөтпөй:

-Келе колуңду, баатыр! – деп шадылары жоон колун сунган.
Турардын колун кысып, коё бербей силкилдетип турган, көзүн жайнатып, жүзү тамылжыган.

- Өзүмдүн тууганым экенсиң! – деп бакылдаган.

Түбү бир атадан тарап атса, “Садырга тиешем жок” деп тетириленмек беле, “каяктагы Садырды айтып башымды оорутпаңыз” деп “корс” этмек кайда ал учурда, базар көрө элек Турар Атаев ушинтип таанышып жүрөт Ногой аксакал менен.

Башка бирөө жолукканда тагдыры башкача болот беле, ошондо баш тоголоткон, үгүттөгөн кишиси бөлөк болгондо кандай тагдырга туш келмек, ким билсин. Чындап эле партиялык кызматтын артынан кетет беле же алты капкалуу шаар көргөнсүп шыктанып алган курган жан куруучулуктун артынан кетет беле, мал доктурлук кесиптин арааны жүрүп, айылдан күргүштөп келген кыргыздын баары эле айыл-чарба институтуна барып жатты эле, ага азгырылып, акыры башкарма болот беле, же Фрунзеде Мидин менен Райкан жүрөт дешчү эле, балким аларга кез келсе, акын болуп кетет беле. Бирок буйрук экен, эки заманды, өзү айтмакчы эки согушту көргөн сокулуктук Ногойго жолуккан, “солтодонмун” деген Ногойго жолуккан ушинтип.

Ошондогу кеп-келечтен узарып отуруп, чубалып отуруп жанагы узун сабак кептин башы чыгып отурбайбы. Даарып алган Ногой аксакал “Кан Садырдын окуясын” айтып, канын дүргүтүп, күүлөп коюп атпайбы да, анан намысына тийип атпайбы жаш Турардын. Какшыган сайдын вокзалдан өйдөрөөктөгү кабактуу жээгинин көлөкөсүндө, кум-шагылга чөккөн койдой ташка көчүк жөлөй отуруп уккандагы кеп, эки банке сыра ада болгончо айтылып, өмүр бою эси-көөндөн кетпей, утур-утур ой санаасында козголо берген, ой-санаасын козгой берген кеп. Дал ошол кептин айынан акыры запкы жээринен капары жок анда.

“Кылым илгери жоготкон тууганым менен табышып атсам, унчукпай басып кеткеним иттик болоор!” деп барбалаңдаган Ногой аксакал жөн жөнөбөй, бочкелеп, челектеп сатылган сырадан алып сыйлаган. Сайды бойлой жогору чыга калганда кыркалекей өскөн теректер болоор эле, көлөкөсүнө корголоткон сары бочкеден сыра сатылчу. Туткалуу кружкелеп сатылат экен сырасы, бошу жок экен анысынын да, карбаластаган Турар элпексинип, “а-бу” деп эсин жыйгыча, Ногой мындай басып барып эле, чоң банке таап келген. Сырага кызыгандан күрү-күү түшкөн элдин арасына тура алышпай, элкин деп сайдын жакасына отурушкан. Айылда минтип аксакалдар менен сыра ичмей жок, таягы менен төбөдөн ары бир салар, Чүйдүн коногу болуп аткан соң, Турар документтерди тапшырышты жыйыштырып, койдон жоош шүк отурду.

(Кийин-кийин, айылга барбай, Фрунзелеп калып калчусунда

сыра жандуу тартып, сырага күч чыгарган адат күткөнүн: “шаарга киргенимде Ногой деген абам сыра менен оозандырган” деп эскерет).

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 23 Апрель 2016 - 16:50

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 16:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Шаардын сырасы сагындырат. Бозону танганда бир
маал сыра уулап келем, - деди Ногой. – Ушул тегеректен алыс кетпейм, түз эле вокзалына келем да, вокзалынан кетем. Кырчаңгым кармаганда анда-санда Дызержинка жакка барам, өкмөттөн жалыйна жеген, чачтарын артка кайрый сылап, сейил бактын көлөкөсүндө чалкалап баскан казыналык жазуучу, акындарга катылып келем.

- Кыргызы көзгө урунбайт, орусу көп шаар экен, - деди Турар.

- Шаарга турбай калсын кыргыз баласы! Сенчилеп окуганы келгендер көк дипломду чөнтөккө салгандан кийин куйруктарын түйөт дагы, безишет келген жагына. Үй-жай күтүп, шаарды түнөк туткан саналуу эле кыргыз бар калаада! Бирден санап берем керек
болсо: Токомбайып, Сыдыкбекуп, Маликуп 6 ... Өкүмөттүн багуусунда баары тең. Дагы кимди айтасың? Партиянын биринчиси – тиги Каракочкорлук Усубалынын баласы, 7 - санап келип оң колунун манжаларын аты жогуна чейин жумган Ногой сол колун аласынан ашырып, алдына төшөнүп отурган гезитти “мынабул” дегендей черткилеп койду. – Анан “Советтик Кыргызстанда” отургандар. Баарынын ата-жотосуна чейин билем.

“Калаага турбай калсын кыргыз баласы” десе, Турар азыркыга чейин там үйдөн кыйналган айылдын карыларын эстеп, диплому колго тиер замат шаардан безип, жакага качууга ык койгондорду ошолорго окшоштурду. “Фрунзени айтып коём. Фрунзеси жок эле, Аралдын абышка-кемпирлери төрт чарчы там үйдү эмдигиче чанышат. “Тирүүлөй коргонго камап! Төрткүлгө жаткырып! ” деп наалып, демдери кыстыкканы кала элек!” деп эстеди.

-Айтматуб дегени угулуп атат? – деди Турар.
-Кайдан угуп жүрөсүң? – деди Ногой.
-Узун кулак радиодон, - деди Турар.
-Болсо болгондур. Калаага жаңы кирген жаш балдардан го,-
деди Ногой.

Ногой “калаанын кыргызын санап эмне кыласың, мен сени ошон үчүн сырага чакырдымбы? ” дегендей түр кылып, сөздү бурду. Жанатадагы сөзгө буруп алып келди. Алдыдагы сырадан өзү кере ууртайт да жылдырып коёт, аксакал кишинин алдында айбыккан Турар тарта ууртайт. Ары-бери каттаган орус койташтын үстүндө шоңшоюп отурган эки кыргызды тиктей өтөт, аны менен иши жок экөөнүн, айыл четиндеги кашатта отурушкансып беймарал кобурашат. Баятада эле вокзалдын капталындагы асфальт жолдо корунуп-кысынып турган Турарга бул отуруш эң эле ылайыктуу, ыңгайлуу сезилет.

Адегенде Ногой аксакал Турардын Качканакка чейинки ата-жотосун кайталатып укту. Турар кызыл шыйрак бала чактан атасынан, абышкалардан уккан, уга берип жат болгон ата санжырасын качанкы Качканактан таратып, – аты кызык ал киши мындан жүз жыл илгери өткөнбү, эки жүз жыл илгери өткөнбү, белгисиз - төбөсү көрүнгөн азыркы урпактарына жеткиргенче, “ийи, ийи” деп, сакалын тарап, башын ийкегилеп отурду.

-Качканактан төрт уул: Асан, Арзымат, Көкүмбай,
Жорукту, 8 - деди Турар каадалуу санжырачыдан бетер, - Зуура-байбиче “Асанды ашка туудум, Арзыматты башка туудум, Көкүмбайды доого туудум, Жоруктуну жоого туудум” дечү экен.

-Ийи, - дейт Ногой аксакал ансайын.
-Сырттан Көкүл бий 9 деген көчүп барат Кетмен-Төбөгө.
Туугандары менен араздашкан го чагымда. Жалгыз кызын Арзыматка ыраа көргөн. Андан Садыр, Сейит. Айтууда Көкүл бий ушул силер жактан, Кемин-Кочкор деген жерлерден, - деди Турар.

-Ии, Кемин-Кочкор тигил тарап, - деп Ногой аксакал күн
чыгыш жакка колун булгалап койду.

Ал тарабы күнчөлүк жолбу, айчылык жолбу ким билсин, иши кылса өмүрүндө ал жакка жер кезип барбаган Турарга алыс, аябагандай эле алыс туюлду.

Мынча болду, Садырдын казакка жортуулга аттанып, колго

түшүп калганын кантип айтпай кетет, Арзымат балдарынын тарыхынын эң кызыктуу жери ошол эмеспи 10 . Турар айтты.
- Абылайдын туткунунда Кан Садыр баласы Доскулу менен өлүп алганын карылар көп айтат, - деп бүтүрдү сөзүн.

Ногойдун аңдыганы дал ушул сөз экен. Колунун учу менен сакалын сыдырып отурган неме, санын бир чаап алып:

-Болдубу? - деп жаш баладай кудуңдайт.
“Болдуңбу?” деп эки кайталап сураса, жанытмасы бардыгы

билинди. Аны дароо туйган Турар канчалык обдулса да, сөзүнүн оңдоп айтчу жерин таба албай койду. Оңтойсузданды.

- Ушул, - деп отуруп берди аңкайып.

Ногойдун оозун карап, сөзүн аңдып калды.

Ногой аксакал окуучусун кашына отургузуп алган мугалимден бетер:

- Жакшы сөзүң бар экен базарлыкка ала келген, бирок бир

жеринен кынтыгын байкадым. Анда кулак түр, карагым. Эсиңе тутуп кал, кереги тийет. Кан Садырдын өлөөр алдында айттырган керээзин уккан жайың барбы? – деди.

- Жок, аба, - деди Турар боз ала болуп.

Эмеле “баатыр” деп аткан кишинин “карагым” деп

чакырганын көңүлгө түйдү. “Чып-чыргасын унутпай, укканымды төкпөй-чачпай айткандай эле болдум!” деп, ичинде күдүктөнөт. Күдүктөнгөнчөлүк бар экен. Бала болуп башына жүн чыкканы, укпаптыр андай санжыраны. Кайран гана Кетмен-Төбөнүн куйма кулак карылары унутуп калышканбы “Садырдын керээзи” дегенчелик ал сөздү же Турар жолукчу кишилерге жолукпай жүргөнбү? Же билген кишилердин көзү өтүп кеткенби? Сексендеги атасы Атай баш болуп, Кетмен-Төбөнүн санжыра айткан карыялары Кан Садыр менен уулу Доскулунун Абылай колдуу болгонун айтышат, эси чыккан Абылай алдына тартылган этти жеп болбостон, “баласы экөөн токтоосуз өлтүр!” деп шашканын айтышат. Бирок өлүп бараткан Садырдын “кек кубала” деп айттырганын укпаптыр эзели. Чынгыш уулу чогулуп, калаага узатчу кечте дагы бирде-жарым кишинин кеп козгогону эсте жок. Же керээти келген Кан Садыр керээзин Кетмен-Төбөгө эмес, Кемин-Чүйгө айттырганданбы? Таң калды. Кызык сөз укту Ногойдон.

Агынан жарылып айтканы бул Ногойдун:

- Сынчысынын сөзү түңүлттү Абылайды, ал жерин ырас

келтирдиң. Эт желип бүтпөстөн “башын алып, кардын жаргыла, жүрөгүн сууруп, көзүмө көрсөткүлө” деп буюрат. Бул жерин да дурус келтирдиң. Сен унуткан өзөгү мына-мында: дөлөңгүттөр Садырды уулу экөөбүнүн тең колдорун кайрып, дегдеңдетип алып чыгышат боз үйдөн. Бышкан эт толо чара каңтарылып, кымыз толо көөкөрлөр аңтарылып, дасторкону калат тебеленип. Садыр Абылайды “Сарткулу” дечү экен илгертен, адам ордуна санаган эмес экен да.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 21:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Чөөдөй жабалактаган колуңдун көптүгү болбосо, сазайыңды берет элем Сарткулу! Найза бурап жекеме-жеке чыгар болсоң, өтүңдү алаар элем Сарткулу, кап!” деп сөгүнөт. “Жаагыңды бас!” деп далыга түртөт эңгезердей дөлөңгүт. Жарданып турган көп казак жакка бир караганга үлгүрүп, айткан экен Кан Садыр:

Ылаачын арыш, кыргый көз,

Болот бийдин Эсенкул,

Айта бар менин кебимди:

Ала көр менин кегимди...

Ушул саптарды айтып айтканында элөөрүп алган Ногой эки ийнин көтөрүп, көөдөнүн керип, дабышын бийик сала, жаагы ачылган дастанчыдай күпүлдөп алды, шаардын ортосундагы какшыган сайдын жакасында отурганын унутуп, күкүктөгөн дайрадай чамынып алды. Элтейип караган жаш Турарды эки кылым артка, тээ эртегидеги Эр Эсенгулдун 11 заманына көчүрүп барып таштады. Турарга ушундай сезилди, эки дүйнөнүн босогосунда отургандай сезилди.

Ошондо Ногой тегеректеги орустардын көзүнө “филармониянын кыларга иши жок, ээнбаш артисти” болуп көрүнгөндүр, комуздуу кыргызды көрүшсө, астыртан келекелегени чыккан каапырдын, анын сыңарындай маскарапоз болуп көрүнгөндүр.

Тегеректи тоотуп койбой сөзүн улайт Ногой:

- “Дагы эмнени айтып жиберет?” деп кооп санаган Аблайың Кан Садырдын жаагын жап кылганча шашат. “Өлтүргүлө! ” деп шашыптыр!

Тык токтоп, көзүн Турардын көзүнөн албай тигилди. “Дагы эмнени улап айтмак болгон, кайран гана Кан Садыр?” деди Турар оюнда.

- Билдиңби? – деди Ногой мурутун жанып.

Айтканы Турарды таң калтырганына маашырланып, көөнү агарып турду.

- Ушул жерин укпаптырмын, - деди Турар бейкапар.

- Жо-ок, кек кубалачудагы жайычы. Кан Садырдын кек кубалашты табыштаганын айтамын, - деди Ногой, - Керээзин кимге тапшырганын айтамын. Өзүнүн жек-жааттары турса, Кетмен-Төбөнүн койнундагы журту, жайнаган саяк, түнкатар-түнтөй тууганы турса, ошончо баатырдын ичинен, аккалпак кыргыздын ичинен сарыбагыш Эсенкулга кеп айттырганын айтамын!

Ногойдун кебинин жандырмагын эми түшүнгөн Турар:

- Баса-а! - деп таңданды.

- Илгериде кыргыздын ынтымагы, татуулугу ошончолук болгон! – деди Ногой, - Ишеничи ошончолук болгон!

- Кек алынганынан кабарым жок, - деди Турар.

“Кетмен- Төбөнүн карыяларын кошуп мынча уят иш кылдым, болоору болду, тартынбай сурап калайын” деди ичинде.

- Анан Эсенкул кун кубалап барганбы? Абылайды өлтүргөнбү?

- Өлтүргөн! Өлтүргөндө да кандай өлтүргөн! - деди Ногой кебелбей. - Эми, аны айтсаң балээге каласың, камаласың. Ал жагын айтпай ак коеюн. Өсөйүн деген жигит экенсиң, келечегиң алдыда, убалыңа калгым келбейт, ушул жагын эле билип жүргөнүң ырас...

Турардын ышкысы артып, желпинип калды.

- Мени бир алып барчы айылыңа, Кетмен-Төбөнүн чалдарына санжыранын жөнүн үйрөтүп келейин, - деди Ногой тамаша-чындан.

- Жарайт, Кетмен-Төбөнүн ичин аралап, конок болуп кетиңиз, - деп башын ийкеди Турар.

Ногой:

- Ме, эми сыра апкеле кал, - деди да, “сары чолок” деп коёт эл оозунда, бир сомдук сары кагазды сунду.
Сыра толтурулган чоң банке экинчи айланганда дагы көп сөз айтты Ногой, үркүндү айтты, Ата Мекендик согушту айтты. Эки согушту көргөмүн дегени ошондон экен көрсө. “Экөө тең дүйнөлүк согуш!” деп койду. Кыргыз башы менен дүйнөлүк эки согушка аралашканына компоюп алган түрү бар. Эки согушту көргөн кишини бир түрлүү тиктеген Турар: “Кап, менин атам бир эле согуштан кайтпай калган!” деп, бир кейип алды ичинде. Кебелбеген Ногой үркүндү кеп кылып жатканда жогору жакка бир кылчайып, чөбү күнгө күйүп кеткен сары жон дөңдү кол жаңсап көрсөттү:

-Тээтиги Боз-Бөлтөккө дейре кайрылыштуу ээн талаа
болчу ушул жерлер. Орустун пулеметтуу колу аркабыздан кысканда аралай качып өткөнбүз. Жыйырма бир жаш курагым эле, – деди, - Канчадасың?

-Жыйырма бир, - деди Турар.
-Дал ушул сендей курагым тура, атаңгөрү! Кайран гана
Ногой! Ал заманда Аламүдүн менен Ала-Арчаң күкүктөп акчу кез, качкан эл сууга кептелип, ушундан бир аз жогорураак жерден кечмелик издеп удургуганда, абаңдын кара болот кайсардай кези болучу, сыр найзасын сундуруп, качкан элдин артында болучу, – деди.

Найза сундурган киши сонундукка сундурмак беле, бет алдынан чыккан душманын жара саймакка сундурат да, Турар “бирөө-жарымды өлтүрө сайганыңыз болдубу?” деп сурамакка бир обдулуп, “Аламүдүн, Ала-Арча күкүктөп акканы кандай эле?” деп сурамакка эки обдулуп, оозун жасады, бирок дааган жок.

Карын оодарылганча эки заманды көрдүм дегени “Советке

чейинкини көрдүм, “Кыргыз СыСыРы” деген ойго келбеген, чылкый көчмөндүү элек, эми кыргыздын көчө-көчө болуп жайгашып, кыштак күткөнүнө күбөмүн, кудая-тобо! ” дегени экен.

Не үркүндү, не согушту көрбөгөн кишиден акын-жазуучу чыкпайт деген ойдо жүргөн Турар “эки заманды баштан кечирген кыргыздан, төтөөн, үркүндөгү эл менен кошо сүрүлүп, Турпанга чейин тентигендерден катар-катар атактуу жазуучу, акындар чыккан. Бу киши эмнеге антип жазуучулукка киришкен эмес?” деди оюнда. Бирок Кан Садырдын окуясы көңүлүнө орноду да калды.

Кызарып-татаргыча алагүүсү ашынган Ногой жаңы тууганы Турарды сыра менен оозантып, ичин кызытып жолго салды.

- Эртең тапшыр документтериңди, кызып алдың, – деген акылы

да бар. Кончундагы көк дептердин актай байрагынан айрып, дарегин чиймелеп, карматып койду.

- Ногойду сурасаң жогорку Сокулук жалпы тааныйт, - деди.

Борборго башын батыра албай жатканда, өңгөсү бүтүп

Сокулукка суутуп коюптурбу? Тек сыпаалыкка:

- Чолом тийсе, - деди Турар.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 21:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Айылга келгенде айылчылоонун шарты башка эмес беле. Же бир зарыл ишиң болбосо же бир илгерки орустардай эл-жерди түрө шимшилеген саякатчы болбосоң, темир таяк таянып, ойду-тоону каза аңтарган “геолог” дегендер чыккан азыр, же ошондой геолог болбосоң, анан эле бир ооз сөзгө ишенип, дарек-жайы чала-була чиймеленген жарым барак кагазды бетке карманып, “мени баланча чакырды эле” деп ким аттанат дейсиң? Эрге качкан кызын кууп чыккандар, кудай кошуп кудалашкандар, же бир кызматка айдалгандар эле имерме тоону айланып, бир өрөөндөн бир өрөөнгө катташ кылышпаса, иштери жок болчу. Анын сыңарындай Турар карыянын көңүлүн улады:

- Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт, аба, - деди.

Сокулукка кетчү автобуска чейин узатып койду. Туш-туштан

бириндеп келип, бир автобусчалык кыргыз чогулуп калат экен ал жерге. Жарыктык Ногой ал жерден да жөн турбай, кирип баратып автобустагыларды күлдүрдү. Эшиктин түбүндөгү орундукта отурган кемпирди тиктеп, мурда көрүп, эстей албай жаткан түр кылып:

- Ким элең? – деди.

- Баланчамын, мен баланчанын кызы эмесминби? – деди кемпир Ногойду таанып.

- И-ии, - деди Ногой, - шаарга келгенде эле кубулуп, кыз болуп калышат.

Чакыя тийген күндүн ысыгын жуткан темир боор сары автобустун ичинде сызгырылып, айдоочуну “айда эле айда!” деп ашыктырып, боргулдана тердеп отургандар “дуу” этип күлүп жиберишти. Күлкү толгон автобус ордунан козголду.

Ушундай жолугушуу болгон. Кайсы күнү экени эсте жок, бирок 1962-жылдын июнь айында жолукканын жаңылбай эстейт. Эгерде кулагына модалуу угулган “философ” деген кесип чыкпаганда, агайлары да шыкактап, окуудан кийин окумуштуулук жолго үндөбөгөндө, балким, такай эл чогулган жерлерде, түркүн жыйын үстүндө жүргөн, адегенде “дебит”, кыйын кетсе алкынта “Волга” миндирген бир кызматка жетмек, анан чий калпак кийген, ыгы келсе-келбесе деле муунта галстук байланган, ыңгыранып сүйлөгөн, эби келгенде төр менен тост талашкан, эби келбесе кемеге жакты аңдыган курсактуу кызматчы чыкмак дагы, башынан көптү өткөргөн, эл-журтту кыдырган киши түрдөнүп, кербезденип кеп кылып жүрө бермек ушул окуяны эстегенде. Ошол кездешүүнү турмуш жолунун бир кызыктуу окуясы эсептеп: “илгери-илгери, шаарга окууга барганымда Сокулуктук Ногой деген аксакалга жолугуп калып”, “илгери-илгери Сокулуктук Ногой деген аксакалдан укканым”, “Сокулуктан экен Ногой аксакал, ошол айтып берген илгери“ деп бажактап, “илгерисин” таптап айтып, өзүнүн сөзүнө өзү ашык болуп жүрө бермек.
“Ошол аңгемелүү кепти Ногой аксакалчалык ийине жеткире айтсам, Ногойчолук жеткире алсам, атаганат! ” деп какшанган күндөр, эзилте эсин оодарчу күндөр күтүп жатканы менен иши жок алдыда, сурап алган жолуна салып, күн жүрүш багытындагы “Ленин проспектиси” деп аталган даңгыл жолду бойлой каттаган автобуска отурду да, “Кана, университет! Кайдасың, кыргыздын багына бүткөн жалгыз университет? !” деп, университет турган жерди издеп жөнөдү. Кашынан чыккан орустан сураса деле, автобуста чалкалап отурган орустан сураса деле, оголе көп көчөнү катары менен санап келишип:

- “Панфилова”, “Логвиненко”, анан азыр “Тоголок Молдо”

(аныгында: “Тугалак Мулда” деген) болуп өзгөргөн “Спортивная” көчөсүнөн өткөндөн кийин Белинский көчөсүнүн кесилишинен солго буруласың, үч-төрт мүнөт жүргөндөн кийин оңго - Фрунзе көчөсүнө бурулсаң, бурчтагы имарат – сен издеген университет! - дешкен.

Аралдын “орто көчө, “чет көчө”, “чолок көчө”, “кашат көчө” деген төрт көчөсүн аралап чоңойгон неме: “Ой-буй, мунун баарын кагазга тизмелеп, каршы-тершисинен келтире чийип албагандан кийин кайдан жаттадым” деп жаңылып калбаска тырышат. Баятада ууртаган сырасынын угуту күчтүү белем, ичин тызылдатып, эси кадимкидей эңгирегенин эми байкады. Аксакалдын көзүнчө сыр алдырбаганы менен масая түшүптүр. Орундукка отурса эшикке жетпей, болжолдуу жеринен ылдам түшкөнгө үлгүрбөй калчудай туюлуп, тикесинен туруп алган. Аялдай түшкөн автобус мөңкүп жылса ала-салып кетчүдөй туюлгандан көк чемоданын аласына кыпчып, таянгычты эки колдоп кармап алган. Автобустун терезесине кадалып, көөнө Пишпек заманынан калган орустун эски үйлөрүн – сырт дубалдары даңгыл жолду тиреген, каалгалуу терезелери көчөнү караган куйрук улаш үйлөрүн кыдырата санап барат, ичинен “Белинский, Фрунзе, Белинский, Фрунзе...” деп кайталап, болжогон көчөсүн аңдып барат.

Жүрүп бараткан унаанын ичинде айланкөчөк атышкансып, кеменин ичинде чайкалышкансып, адамдардын бөртмө эшикке бет алаарда жөөлөшө басышканы кызык экен, ага көнө элек жаны жүдөп чыкты тез эле. Тирелген жүргүнчүлөрдүн колоңсосу тумчуктурду бир жактан. Өзү да боргулданып, үстүңкү эрдин ###### койсо, жаак ылдый шоргологон ачуу тери ууртуна куюлду. Теринин шордуусун кантесиң! Көйнөгүнүн да колтук тушу сыгып алчудай нымдалып чыкты. Бир маалда автобустун алдыңкы эшигинен секирип түшүп, эли кумурскадай кыжылдаган шаардын баш айландырган кыйма-чийме көчөлөрүн аралап баратты, көк чемоданын көтөрүнүп, көк теректүү, кара жыгачтуу жолдорун – “тротуар” дейт экен кийин билсе - бойлоп баратты. Жалаяктай жүз аарчысын мойнуна салып аарчынып, улам желпинип коет.

Турар Атаевдин 1962-жылдын жай саратанында айылды таштап, Фрунзеге келчүдөгү жоругу ушинтип башталган. “Чоң калаага барчумун, чоң окууга түшчүмүн, баланча райкомдой, түкүнчө исполкомдой чоң болчумун! ” деп самаган, дымагы чоң Турар көңүлүнүн тереңин кытыгылаган купуя кыялын, дымагына ченеп бышырган бүтүмүн ишке ашырмакка Фрунзеге келгендеги кербези ушул эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жайкысын кериле кетменин чаап, күзү-кышы көөрүгү менен кампасын айланчыктап, колхоздун түйшүгү менен жүрө берсе үй күчүк болуп калчудай, мыкты кетсе алыштын башын кулактаган атактуу суугатчы болчудай. Анан Аралдын кебээ курсак абышкаларына окшоп айылдан чыкпай жүрүп эле карып, бүрүшүп калчудай бир күнү. Бул жарыкчылыктагы бешенеге жазылган шыбагасы Ат-Ойнок менен Суусамыр тоолорунун арасына гана камалгансып, бул жалганда эрди тийбеген кашык калбагансып, “эмнени гана көргөн жокпуз” деп тамшана сүйлөгөнүн кантесиң абышкалардын! Алардын жолоюн жолдосоң, ушул өрөөндө төрөлгөнүң үчүн ушул өрөөндөн чыкпай өмүр кечирип (‘‘ушул өрөөндө деле эл кызматы бар’’), ушул өрөөндө өтүшүң керек! “Чоң дүйнө бар, чоң дүйнө!” деп сүйлөнгүң келет. “Ал дүйнө кырлардын ары жагында!” деп сүйлөнгүң келет.

Жөөкөрдөн бетер сагалап, “агалаган! ” боз балдар көк чемоданды колдон жула талашып, райборборго кетчү таш жолго чейин узатып чыгышчуда, көздөрүн ымдап, бырыштуу колдорун жайган кемпир-чалдар: “Ак жол сага, Чынгыштын урпагы! Кийин акең Саадак Атаевдей журт кызматына жараган киши болгонуңда кырка-кырка үйлөрү уулу-уулу болбой, аралаш түшкөн, түндөсү балбылдаган оттуу, дүпүйгөн бактуу, кабат үйлүү Фрунзени ырымга бир көрсөтсөң, бизге жетишет, айланайын! ” деп кашалуу короонун этегинде кала беришкен кыркалекей тизилип. Чынгыш уулунун тың чыкма кулунунун тезирээк элдик болушун тилешип, чоң болоор күндүн бачымыраак угулушун күтүнүп, баласы окууну бүтсө эле үлкөн кызматка турганы гезит бетине жазылчудай, дубалдагы мыкка асылуу радиодон “дүңк” этип угулчудай алысты аңдып, эртеңкини тыңшап, жабыла “Оомийин! ” деген тейде алакандарын жая, улутунуп кала беришкен.

Батанын күчүнө шерденип алган Турар “Кагылайын, Чынгыш уулу!” деп коёт ичинде. Азыр ойлосо адыраңдап алыптыр ошондо. Аңсаткан университетти алгач көргөндө (Белинский жагынан келген экен азыр эстесе), ирегеси жумуру түркүк маңдайлуу (сүрөттөгү Ленинграддын Улуу Петр заманынан калган заңгыраган имараттары сыяктуу), үч кабаттуу керегеси бир көчөдөн бир көчөгө жеткен, короосунда кыргыздын кызыл жүздүү улан-кыздары кымгуут түшкөн жайды суктана карап алганы эсинде, дүйнөлүк илимдин кайнаган очогуна кабылгансып, босогосун аттаса эле, астанасындагы жумуру түркүктөрдү айланып турган топ жашка аралашса эле көкүлдү тетири сылап, керстендей керилип калчудан бетер, ошондон ары чилистен болуп кетчүдөн бетер кадала караганы да эсинде.

“Мындай өөнү жок жайды заңгырата тургузуш копол кыргыздын колунан келбей калсын азыр, тээ Манастын күмбөзүн тургузган замандан кийин эле кыш кармаганды унуткан эмеспи элибиз, күмбөз тургузаарда таранчы менен кашкарлыкка кор болуп калганы ошондон эмеспи, маңдайындагы түркүгүнө, сызгыч менен аттырып койгонсуп бурчтарынын кырдуу чыкканына караганда орустун устасы көмөк бермеги мүмкүн” деп, жайнаган көп терезелүү, каңылтыр чатырлуу университетти көздөй илгери кадам шилтеди.

Баята автобекеттин тушунда үстүнөн кысынып калган неме кыргыз жаштарынын сырт келбетине назар салып жүрөт. Чолок жең көйнөкчөн, кең багалек шым кийген, көкүлдү тетири сылаган жаштарды көрдү, “болду-болбоду өйдөңкү курстун балдары же сот, райкомдун окуусуна түшкөндөр” деди оюнда, айры калпакты баса кийип, моюнга орусчасынан муунта галстук байланган жаштарды көрдү. Ушунусу кызык көрүндү. “Кыргызга ушинтип кийинсе эп турбайбы? Калпак менен жагоо жарашат турбайбы! ” деди оюнда. Узун чачтарын эки өрүп, сооруга таштап койгон, беттери анардай кыпкызыл, мандалактай маңкайган көчөт кыздар жүрөт олчойто-олчойто китеп кучактап. Алардан көзүн алалбай, сыдыра карап алды.
Бир сыйра ашык алган кийим-кечеги, эки күнгө жеткенчелик ченеп алган жолазыгы тыгылган көк чемоданынын кайыш туткасын бек уучтаган Турар университеттин так маңдайына келгенинде имараттын кылда чокусундагы кыз-жигиттин катарлаш баскандагы эстелигин да суктана тиктегени эсинде. Кудум азыркыдай эсинде. Азыр турабы-жокпу билбейм, астын-үстүн түшкөн ушул заманда аман калдыбы-жокпу билбейм, акташтан чегилген, булутту жиреген чулу эстелик болгонсуду эле. Кең багалек шымчан, чолок жең көйнөкчөн, чачты артка кайрып салган сымбаттуу жигит менен этеги тизеден ылдый, жеңи чолок жеңил көйнөкчөн кыз (болжолу он жети – он сегиз жашында) башты бийик көтөрүп, Ала-Тоонун чокуларына көз чаптырышат. Бир мүдөөнү тең бөлүшкөнсүп алысты, тээ алысты тиктеген, узак жолго, аруу жолго чогуу сапарга аттанышкансып арышты кең таштаган, ишенимдүү таштаган жарык маңдай кыз-жигиттин эстелиги ушу турган жаштарга арналгансып туюлган. Ошондогу аруу ой көрүнгөнгө эле келе бербесе керек, ошондо Турар эстеликтеги жигит өңдөнгүсү келди эле, ошентип кыз жандагысы келди эле...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 21:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

III

Азыр ордундабы же жокпу билбейм, Турар айтмакчы кыргыздын маңдайына бүткөн ошол жалгыз университетке кире берчүдөгү он эки түркүктүү кенен вестибюлдун оң жак төрүндө китепкана – “кызыл үй” деп да коюшчу - болор эле. Эми кайсы бирин айтасың, кимдин гана китеби жок эле ал жерде, Маркс, Энгельс, Лениндин том-том китептеринен, партиялык сьезддердин калың мукабалуу материалдарынан тартып, не бир көкүрөгү тунук ойчулдардын, акын-жазуучулардын калеминен жаралган чыгармалар турчу эле текче-текче болуп тизилип, шыпка дейре шыкалып. Кыргыздан Токтогул, Тоголок Молдо, Аалы, Жусуп 12 дегендердин китеби чыгып, катарында турар эле. Жаңылбаса, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” өз-өзүнчө китеп болуп чыгып калса керек эле ошол жылдары, көпкөк мукабалуу болсо керек эле. Ошондо да китеп жетчү эмес кыргызга, капырай. Билим дегенде ак эткенден так эткен студенттер узун кезекке туруп, акыя күтүп, Ленини болбосо да, берегилерге теңелчүдөн бетер биринен-бири талашып окушчу. Көзүнүн майын коротуп, айла кеткенде дептерден дептер калтырбай, китепти китептей көчүргөндөрү канча!?

Көөдөй кара чачын кадимки Жусуп, Мукайчасынан 13 сыйда тарап, чалкасына кайрып таштаган, сыйга кийчү жалгыз шымынын кырын сызгычтай үтүктөп, күрмөсүн каруусуна илип алган, “быйыл төртүнчү курс” дээрликтей салабаттуу басыгы бар филология факультетинин студенти, анан да факультеттин алдындагы өз демилгелүү чыгармачыл жаштардын “Учур” адабий ийриминин активисти, төтөн “Улуу сюжет изденип” аттуу ыры менен оозго илинген жаш акын Жусуп Зулпуев ошол кызыл үйдүн эшигин имерип турган жоон топ кыз-жигитке жакындады да, дал бүгүнкүдөй жагдайга, шаарга келген кыргыз баласы кезек күтчүдөгү жагдайга деп баятан белендеп алган сөзүн кадимки Түгөлбай, Кубанычбектерди 14 ээрчиген интеллигенттен бетер сыпаа үн менен айтты:

- Элдин куйругу ким?

Адегенде элес албай калгандары “ким эле?” дегендей бирин-

бири карап, элеңдегиче, четтерээкте турган, алманын сабындай мойнуна күмүш желбирөөч 15 тагынган, эки өрүм чачын далыга таштаган каратору кыз:

- Мен, - деди уялыңкы.

Чала уккан Жусуп Зулпуев “ким?” дегиче, алиги кыз төмөнкү

курстан өңдөнөт, тартынчаак түр менен:

- Байке, мен, - деди үнүн бийигирээк чыгарып.

Ал деле элес алып, маани бербептир сөзгө. Ортороокто мойнун созуп койколоңдогон курсташы турган, комсомолдун активисти өзү, теги элеттик, андан-ары чукуласаң ашка тойбогон бир томояктын тукуму, ошонусун унутуп, ыгы келсе-келбесе деле “мен – Дзержинканын жакасында чоңойгон жаштарданмын! ” деп көөдөнүн керген неме, ошол асылып калды ойдо жок жерден:

- Ай, Жусуп! Өзүң тилчи болсоң, сөздү бузуп сүйлөгөнүң курусун! “Элдин куйругу” деген да болчу беле? Мунуң тантык сөз эмеспи!
- Кезектин куйругун айтканым, дос! Орой сөздү жумшартып,

оңдоп жатпаймынбы, - деп койду Жусуп Зулпуев.

Тигил кенедей асылды да калды:

- Филологияны төртүнчү жыл окуган киши ушинтип сүйлөсө,

тилибиз эмне болот? Чаласабат билермандардын айынан тил бузулаарын сен билесиң да! “Тил таануунун теориясы”, “семантика” боюнча лекцияларда далай укпадык беле!

Эл көзүнчө билимдүү көрүнгүсү келдиби, айтор “теориялап! ”, “семантикалап! ” опурулуп, Жусуптун күйбөгөн жерин күл кылды комсомолдук активист. Жөө чеченденип безилдеп, эрөөлгө үндөп турду ушинтип.

Азыр кандай билбейм, ал заманда Фрунзеге келген кыргыздын дагы бир өнөрү болор эле, физик көрсө “кыргыздын Ньютону”, химик көрсө “кыргыздын Менделееви”, кар жаачудай кабагын түйүп, философиянын артынан түшкөндү “Сократ эле Сократ! Кыргыздын Сократы!” деп атыкдырчу. Андайлардын даңк-дайыны курстан-курска, жатаканадан- жатаканага угулуп, өздөрү да дердейип калаар эле. Аны укканда айылдан келген кыргыздын анча-мынчасы аңырайып калчу, айрыкча - кыздар. “Ошондой дымактуу жигиттердин бирде-жарымына туш болсок, багыбызды табаар белек!” деп дегдегенде, далай кыздардын жүрөктөрү кабынан чыкчудай туйлады го, чиркин. Ал эми “илим жактаптыр, даража алыптыр, сыйлык алыптыр!” дегенди айтпа, андайдын даңкы космоско учкан орустун балдары менен тең угулчу. Ошолордун биринен саналган, “илим жазам, Радлов болом!” деп далайдын оозун ачырган Жусуп Зулпуев оңтойсузданып алып, сөз жайын жайбаракат түшүндүрүп кирди:

- Досум! Ушинтип жүрүп кыргыздын адабий тили, шаардык

тили акырындык менен калыптанат! Өзүң айтмакчы Дзержинканы чөйрөлөп, маданияттуу сүйлөгөнгө үйрөнөбүз. Аны мына – биз, азыркы муун калыптандырабыз! – деди.
“Мына – биз” дегенди айтканда эки колун эки жакка жайып, “жалпыбыз” дегендей ишаара жасады.

- “Калыптандырба” деген киши жок! Бирок эби менен. Чалды-куйдулукка алдырууга болобу?

Китептин кезеги унутулуп, кызыл үйдүн алдында талкуу башталып кетти.

- Досум! – деди Жусуп Зулпуев. - Семантиканы айтып

калдың, сен дагы жакшы билесиң. “Тилдин сөз жаратуу мүмкүнчүлүгү” деген темада реферат да жазып жүрбөдүк беле! Эсиңдеби? Анын сыңарындай. ..

- Сөз жаратуу керек! Бирок саясий сабаттуулукту унутпоо зарыл. Партиянын генералдык линиясы деген бар...

- Сабаттуу эле! – деди Жусуп Зулпуев жактырбаган түр менен. “Каяктагы генералдык линияны айтып былжырайт” деп ойлогонго үлгүрдү.

Ушуну эле күтүп тургансып, Жусупту капканга оңой түшүргөнүнө кудуңдаган тигил жаагын жанды:

- “Куйрук” дегениң саясий ката! Эсеби, “буржуазиянын куйругу”, “бай-манаптардын куйругу”, “эскинин куйругу”! Эсеби, “эл душмандарынын куйругу”! Аны унуттуңбу? Же сен куйруктарды актап жатасыңбы?

Кебинин кемтигин чукуп таап бергенине корстон тигил тигиле карайт. “Ала канаттыгыңды ашкере кылдымбы! ?” дегендей карайт. “Курстун алдыңкысымын, сөзгө алдырчу эмесмин” деген Жусуп акысын алдыргансып, мукактанып калды.

“Буларың чилистен го! Эл укпаган капкайдагы “теория”, “семантика”, “реферат! ”, дагы эмне окшош сөздөрдү аралаштырып сүйлөгөн ашкере билимдүү агалар го!” дешип, экөөнүн жаакташканына кулак салган студенттер эмки жоопту Жусуптан күтүп калышты.

Жакшы эле сабырдуу жаны бар эле Жусуптун, кызарып-татарып, баш териси тырышты. “Унуттуңбу? ” деп акырайганы ийне менен безге сайгандай тийди. “Контр, эл душманы” катарында атылгандын уулу экенимди ушул билип койгонсуп, акмактын сүйлөп турганын карачы!” деп ызырынды бир туруп.

- Сен!.. Сен антип!.. Оозуңду кара!.. – деп эле тили буулду.

Калчылдап жибербей карманып:

- Бул сөзгө кайрылып келебиз дагы, дос! – деди да, колун ачуулуу силкип, шарт бурула эшикти көздөй жөнөдү.

Тургандар түшүнбөй күбүр-шыбыр.

- Эл душманынын баласы! – деди активист артынан, - Туура сөздү көтөрө албай, чычалаганынан басып кетти.

Ичинен “төө чечкендей кылдым” деп компойду.

- Эл душманы!? Билбептирбиз! Ким деген эле атасы? – деди тургандар.

- Таласбай Зулпуев деген болгон. Отузунчу жылдары советтик - партиялык кызматтарда жүргөн. “Контр” 16 катары кармалып, атылып кеткен!

- Контр!? – деп көздөрү алайды тургандардын.

- Хрущевдун мээрими тийип, бир канчасы акталган эмеспи! – деди дагы бири.

- Текши акталган эмес. Арасында айыбы оорлору бар, аларды актаганга болбойт экен. Мунун атасы ошондойлордон имиш...

- Эмне айып болду экен?

Активист олурая карап:

- Коммунизмге каршылардын үгүтчүсү болгон! Англиянын тыңчысы болгон! Англиянын бузуку аракеттерине таянып, Советтер Союзун жексен кылмакчы болгон! – деди.

- Ок! – дешип тургандардын жүрөгү ооздоруна тыгылды, - Англиянын тыңчысы!?

Кыздар кымтынып, “Англия!“ десе арам угулуп, оозанганга даабай, “апи-ийлеп! ” ооздорун басты.

- “Зулпуевдер” дале бар турбайбы? – деди жигиттердин бири.

- Фамилиясын өзгөрткөн эмес экен да! – деди дагы бири таң калгандан башын чайкап.

“Актайм!” деп туталанды Жусуп Зулпуев университеттин айнек калкаланган эшигинен чыгып баратып: “Атам эл душманы эмес!”. Көзүнүн чаары учуп, каны башына тээп чыкты. Ансайын кызууланат: “Мен атамды актайм! Жазып отуруп актайм! Жазыксыз атылганын, Атаев сындуу бакан ооздордун жалаасы тийип, “улутчул” атыгып, ак жеринен атылганын жазып чыгам акыры! Жаза берем, жаза берем!.. Кимдин “куйругу” ким экенин ошондо көрөбүз! Атамдын өмүр баянын роман кылып жазам!”.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 21:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ушунун баарын бирде ичинен туюк айтып, бирде дабышын сала күбүрөнүп-шыбыранып айтып, албууттанып баратты. Санаага бастырганда өзү менен өзү басып баратып сүйлөшкөн кишилер болот, ошентип баратты. Кашынан ким чыгып, ким өткөнү менен иши жок, арышын кенен-кенен таштап, жаалданып баратты.

Университеттин алдындагы аянтчаны жээктеп, кобурашып турган бир-эки таанышы “Эй, Жусуп!” деп үн салышты эле, аларга да кулак салган жок.

- Тууган! Тарых факультетине документ таштаган жагы каякта? – деди көк чемодан көтөрүнгөн, айры калпагын баса кийген, тердеп-кургап алган олбурлуу жигит.

Жусуп Зулпуев кылчактап да койгон жок. “Тууганыңды урайын!” деди ичинде. “Сообу!?” деген бойдон кала берди көк чемоданчан жигит.

...Ушул окуядан кийин жоро-жолдоштору Жусуптун түнт тартып, күндө бир маал үңкүйүп, университеттин “МАЗ” деген залында отуруп калганын көрчү болушту. “Малый актовый зал” дегени бар экинчи кабатында, күндө кечинде эл тараган маалда киргилт суусу челкилдеген челек, туура башына кендирдин айрындысы оролгон таяк (ал каадалуу буюмдун аты “швабра”, “каадалуу” демекчи, кээде ошону талашып чукчуңдашып кетишет өз ара) көтөрүнгөн орус катындар полун жууп кеткенде абасы тазарып, салкындап калат, ошол залы ээн калганда кээде кечке отурат бирдемелерди чиймелеп. Жазат, кайра чиймелейт. Кээде жазганы купулуна толбой, айрып салат майдалап. Оңдоп кайра жазат. Окуп чыгат.

- Жазып атам, - деп кырс жооп берет кызыга сураган кишиге. - Көрөсүңөр жакында!

Билбегендер: “элдин атасы акталып, Жусуптуку акталбай калган экен. Мындагы ЦыКадан жолу болбогондон, атасынын актык кагазын алмакка түз эле Москвага, Саясий Бюрого, СССР Жогорку Советине, Жогорку Сотуна арызын урат имиш” деп өз ара түкшүмүлдөйт.

- Жусуп эле болсо аны жасайт, - деп баштарын чайкайт кыялын билгендер.

- Саясий Бюрого!? СССР Жогорку Сотуна!? – деп көздөрүн алайта таң калышат бирерлери, - Түз эле Хрущевдун, Брежневдин өзүнө чыкканы жатабы!? Жогорку Сот менен кармашканы жатабы!? Биз мында университеттин ректорун кой, башкармадан бетер курсагын салаңдаткан береги деканына баш багууга даабай жатсак!

Сюжеттен сюжет издеп, улам биринен иренжип, сөздөн сөз иргеп, утур жазганы утур купулуна толбой, “замандын түрүн өзүндөй бере алдымбы?” деп, токсон толгонуп жазгандагы ошондогу азап-ай!

“Атамды актайм! Атама эстелик болсун ушул китебим! Эмгегим менен атамды жакшы атты кылам!” деген ой сүрөөн болот Жусупка.

Атасын эзели көрбөгөн кишиге атасы жөнүндө жазуудан өткөн мүшкүл болбосо керек, ойдогудай чыкпай жатса жек көрүп кетет өзүн бир туруп.
Башын салаңдатып, оор үшкүрүнүп отуруп калган күйгүлтүк мүнөттөрдө ыраматылык апасы Гүлажардан, атасына теңтуш жүргөн айылдагы кишилерден уккандары Жусупка дем берди. “Атаңды көргөн өлбөсүн” деген сөз бар эмеспи кыргызда, атаңдын көзүн көргөн киши түбөлүк жашоочудан бетер эмнеге айтылып калганын ким билет, бирок карып кейиптенген Жусуп ошол кары сөздүн маанисин бир чама түшүнүп алды белем актовый залда тунжурап отурчуда.

Атасы тууралуу бала чагынан уккандарын бир сыйра сыдыра эске түшүрүп, электен өткөрдү. Ата зар болуп өскөндөн атасынын жоругун уксам дегенде ичкен ашын жерге койгон Жусупчалык бала болбос дүйнөдө. Такыр айласы кеткенде, айылдын сакалдууларынан “Атам кандай киши эле?” деп сурачу. “Ооу, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, эки Аркыттын ичинде андай киши жок эле! Кайран Таласбай! ” дегенди укканда, бала Жусуп терисине батпай сүйүнүп, “Атама окшоймунбу? ” деп, көзүн албай кадалып калаар эле. “Атаңдайсың, карагым! Кишини караганың кудум эле атаңкы!” деп, башынан сылап, далысын таптап жооткотуп коюшар эле чоңдор. Ушул касиети азыр дагы бар. Айыл-апага каттаганда сурап калмайы кала элек. Калганын апасынын оозунан уккан.

“Пишпек” деп койчубуз анда калааны, Кыргызстан уюшулганда атаң Аксыдан “делегат” атанып Пишпекке барган. Мындан туура эле Ташкенге түшүп, от араба чыккан кез, от арабага жармашып, жердин баарын айланып барганбыз деп айтып калчу эле, атаң. “Жусуп” ысымдуу чоң менен таанышканын айта келген тамшанып. Атаңдан кичүү эле чагымда. Кичүү болсо да жетик жигит экен, өкмөттү башкарды деп айтчу. “Жусуп антти, Жусуп минтти, Жусуптан дилгирим келди, Жусуптан тапшырма алдым” деп калчу. Уулду болсом атын “Жусуп” коём деп айтканы бар ошол жылы. Чубурта кыздуу болуп жүрүп, отуз сегизинчи жылы сен көрүндүң. Сөзүнө туруп, атыңды “Жусуп” койгон. Анан эле... Анан эле каран басып... Жанагы “үңкү” дегени ээрчий келип, аягында кызмат талаштан айгак чыгып!” деп, андан кийинкисин айта албай тамагы муунуп, өксүп ыйлап жиберер эле жарыктык киши. “Атамды күйгүзгөн үңкүсү кандай неме болду экен? Бир көрсөм ошол кишини, сөгүп алсам кегим жанат беле!?” деп ойлочу Жусуп.

Апасы Гүлажардан ушундай аңгеме уккан бала чагында. Акыры жүрөк оорулуу болуп өлдү, бечара.
Эс тартканында Жусуптун дагы бир эсинде калганы, апасынын күтүнө бергени, күдөр үзбөй күйөсү Таласбайды күтө бергени, күтө бергени... Кечиккен Таласбайы күүгүм талаш эмеле келип калчудан бетер, келе калса алдына белен коё калмакка, казандын түбүнөн эки чөмүч шылдыраган сорпо, бир сугум кесме болсо да мис аякка арттырып, текчеге коюп коёр эле. Очок тушундагы оюк текче бош калчу эмес. Камыктырган Таласбайы эл жатканда эшикти каккылап кирип келчүдөн бетер, шашкан жаны этек-жеңди далбактата эңтеңдеп, кубангандан “Күлүм! Жусубум!“ деп кыйкырып, кулачын жая күлүп-жайнап кирип келчүдөн бетер, майчырактын билигин өчүрбөй, түн бир оокумга дейре кирпик какпай жата берчү. Түн бир маал ичи өрттөнгөндөй “шуу!” эттире үшкүрүнүп алчу. Жүрөктүн үшүн алчу ошол кебетеси. Үстүндөгү төшөктү силкип ийип, чачы-башын саксайткан бойдон теңселе тура калат да, тигиндеги челекке жетип, тиш какшаткан муздак сууну сузгулап жутуп жиберчү, “өх!” деп алып, кайра барып жалп этип жатып калчу. Көрсө, күйүттөн ошентчү экен.

Жуурканга башын каткан Жусуп ушунун баарын көрчү, ал тургай бир-эки мертебе быйтыйган колун созуп, энесинин көзүндөгү мөлт аккан жашын аарчыса да керек эле.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 23 Апрель 2016 - 22:00

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 22:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Бирок Таласбайы келчү эмес. Эртесинде апасы көзү-башы барыга сыр алдырбай туруп, текчеде томсоргон мис аяктын сорпосун Жусупка ысытып берээр эле да кечке колхоздун түйшүгү менен болот. Кеч киргенде мис аякты кайра белендейт.

Бала болсо да апасынын кайгысын туюп, кабырга-сөөгү сөгүлөт Жусуптун. “Төбөбүздөн ныгырган мискин турмуш жоголоор беле, апамдын күйүтү женилдээр беле” деген ойдо бала Жусуп басса-турса ошол Таласбай деген кишинин келишин кошо тилешчү. Жылдын төрт мезгили тиленген кези болду. Там-туң туруп, Аксынын ак шыбактуу адырларын кыялап басчуда тиленди, мисте-жаңгактуу Аркыттын тектир-тектир тоолорун телмире карап, атасын издеп чыкчудай кыялы асмандап кетчүдө тиленди, жай саратан маалда там аркасына корголоп, жалгыз көлөкөлөп калчуда тиленди, кыш чилдеси кайыктырган күндөргө кайыл болуп тиленди. Эмне деген гана ойлорго бастырган жок кайран башты. Башта:“Апамды кайгыга салып, кайып кеткен Таласбай! Апамдын ичкенин ириң, жегенин желим кылган тилегиң каткыр Таласбай! Апамды мөңкүрөткөн таш боор Таласбай! Эмне мынча жүрөгүң муз? Кабарыңды билдирип, каңгыбай кайтып кел!” деп урушуп да алчу.

Тиленип жүрүп торолду. Уруш жылдары эмес беле, эр-азаматтын баары урушка кетсе, Таласбай ошондон ары кошулуп кеткенби деп да соороткон күндөрү болду өзүн. “Уруштан кайтпагандын кара кагазы деле келет турбайбы! ” деп сөгүндү кийинчерээк. Кийин-кийин, чоңдордон “кат жазышууга тыюу” (“без права переписки” деп коёт экен гезиттин тилинде) дегенди угуп, түшүнүп жүрөт жөнүн. Түңүлгөндө таарынычы тыйылган.

“Эки колу артына кайрылган бойдон, “үңкүнүн” алдына түшөөрдөн мурун, босогону аттап чыгаардан оболу бир кылчайып, барбайган манжалары менен мурдуңду чымчып өпкөн” дээр эле апасы. “Кыздарыңды өзүң бил, мен десең керээзим Жусупту окута көр!” деп бек-бек табыштаган имиш.

Ушул жерин эстегенде университеттин актовый залында отурган Жусуп Зулпуевдин эт жүрөгү эзилип, мурдунун таноолору дердейди. Барбайган мурдунун тушунан атасынын калдайган колу калкалап тургансып, элестетип алды.

- Зулпуюп! - дегенден башын өөдө көтөрдү.

Караса адабий ийримге чогуу барган курбусу.

- Ой, Жусуке, беш күндөн бери ийримге келбей, кабарың жок. Дайныңды билмекке жаткан бөлмөңө баш багам, анда жоксуң. Кызыл үйгө баш багам, мында жоксуң. Кеч келчү болупсуң. Арызданып атат, арызын Москвага жазып атат деген уудуң-шуудуң кеп чыгарып алышыптыр элдин баары. Арыз мынчалык жазылчу эмес эле дейм. Ырды бүтүрүп, эми поэмага кириштиби деген ой кетип...

- Атасынын көрү, кара сөзгө өттүм, - деди Жусуп, - Айтканыңдай эле, Москвасы болбосо да бүтүн Ала-Тоого угулгандай чоң чыгарма жазуу оюмда бар...

- Эмне жөнүндө?

- Отуз сегизинчи жыл жөнүндө.

- Отуз сегизинчи жыл дегенде... кайсы беш жылдык болуп калчу эле? – деп тигил желкесин кашынды.
Жусуп Зулпуев тигиле карап турду да:

- Кара келтек жылдары тууралуу, Сталиндик репрессиянын курмандыктары тууралуу, - деди.
Кашынып турган курбусу кашынан контрду көргөнсүп, көзүн алайтты.

- Койсоңчу! ? – деди чоочуп.

- Тамашасы жок эле.

Курбусу “алыңа карачы” дегендей телмирип:

- Токомбайып Токомбайып башы менен, Сыдыкбекуп Сыдыкбекуп башы менен козгобогон теманы сен козгоп, жаныңа эмне күч келди? – деди.

- Атам тууралуу жазганга акым бардыр!

- Атаа!.. - деп унчукпай калды курбусу.

Саамдан кийин:

- Аңгемеби? – деди.

- Повесть! – деп “балп” эттирди Жусуп Зулпуев.

Ушул күндөн тарта университеттин филология факультетинин өйдөңкү курсунун студенттеринин арасында “баягы Жусуп повесть жазып жатыптыр” деген аңырт-каңшаар тарап, “Учур” адабий ийрими жазуучу чыкма Жусуп Зулпуевден кабелтең повесть күтүнүп калган.

“Актовый залдан көрүнүп калат экемин” деп корунган Жусуп 316-аудитория ээн калганда, ошол жерге бекинип алып жазды калганын. Туура тогуз күндө жазды ошондо кара сөз түрүндөгү тырмак алды чыгармасын, кээде түн бир оокумга чейин отуруп жазды. Тогуз күндүн ичинде тогуз көчүрүп жазды. Дурус эле өжөрлөнүп, “повесть” деп чымырканды эле, повестке жеткире албай калды көлөмүн, “дагы улантам, түрмөк-түрмөк кылып улантам кийин” деген ойдо, “ангеме” деп атады. Жазып болду да “Партиялык курултайдын делегаты” деп атады. Башына: “Апа! Беш кыз, көкүрөк күчүк уулуңду жалгыз багып чоңойттуң. Ак сүтүндү актаар бекем. Ушул чыгармамды апам Гүлажар, сага арнаймын” деп жазды. Ушул саптарды чиймелеп жатканда апасынын оозунан уккан бир окуя эсине кылт эткенден көзүнө жаш кылгырып, жүүнү бошой жаздады. “Уулуңду багып чоңойттуң! ..” деп кайталады ичинде.

Ал окуянын жөнү мындай. “Бир күнү өлгүм келди” деп айтчу апасы кебелбей, “ушинтип кор болгондон көрө өлгөндү артык көрдүм. Өзүңчө олтуруп калган, жети-сегиз айлык балканактай кезиң, эмчектен чыга элексиң али. Жай саратан маалы. Ит-Агардын суусуна бой таштап, агып өлгөнүмду артык көрдүм да, таң заардан туруп, кыздарга айтпастан, сени көтөрүнгөн болуп, өзөндүн бийик жарлуу жээгине чыктым. Артыман кошо томолонуп кетпесин деп белиңен шыбакка байлап отургузуп коюп, бийик кемерди көздөй баратсам, чыркырап ыйлап калдың бир маалда. Карасам, менден көзүң албай, талпынып ыйлап турупсуң. Дароо боюмду таштап жибере албай, имерилип кайра келдим. “Тойгузуп коёюн” деп, отура калып эмиздим. Эмизип болуп, жанагыдай кылып, белиңен шыбакка таңдым дагы жардын тушуна кайра бардым. Көк ирим суу таштан-ташка чамынып, күкүктөйт тимеле. Дал ошол көк ирим жерине боюмду урайын деп турам. Жаңы секирмекчи болгондо кайра чыркырап ийдиң. И-ий, ошондогу чыркыраганың эми кулакка бир башкача ачуу угулат. Түтпөгөн жаным “жалт” карасам, обдулам деп жатып оңкоңон түшүп калыпсың, балакетиң алайыным. Оңдоп отургузмакка кайра бардым жаныңа. Мен да таш боор экем ошондо, чыркыраганыңа карабай, белиңен бекем таңып коюп, сууну көздөй жулунуп баратсам, өйүздөн бирөө колун булгалап, чыйпыйы чыга кыйкырып турат. Атаңдын туугандарынан болот. Алыстан байкап калып, басып келген экен. “Эмне кылганың алдыгы?! Баланын убалын ойлобойсуңбу? Кыздарыңды ойлобойсуңбу! ? Эстүү катындын кылар ишиби ушул!” деп тилденип туруптур. Артка келгем. Ушинтип бир өлүмдөн калгамын, балам, сен утур чыркырабасаң, өлүп алмак экемин ошондо. Ичээр суум бар экен көрсө,” деп айтчу.

Эчтеме болбогондой айтчу, бирок Жусуптун жүрөгү мыжыгып, мыжыгып кетчү укканда. “Томолой жетим калмак экемин, атазар болгонум аз келгенсип, эне жытын билбей чоңоймок экемин, таш боор экенсиз!” деп алчу кээде энесин жемелеп. Бир туруп энесин аяп кетчү. “Уулуңду багып чоңойттуң... ” деген саптарды жазып жатып, каңырыгы түтөй ушуну эстеди. Бирок сюжетке киргизгени жок бул окуяны. Анан атасын эстеди.

“Атаке, ай-талаада сөөгүң чачылып, көмүүсүз калдыңбы, адеби менен көмүлбой бир аңгектин түбүндө кор болуп калдыңбы, сай-сөөгүм сыздайт биле албай. Төгөрөктүн төрт бурчун түрө чалсам дейм, жаткан жайыңды дадил таап алсам дейм, үстүңөн өбөктөй калып, бир өкүрүп алсам дейм! Же мен шордуу, төгөрөктүн төрт бурчун тинте албаймын, изиң таап артыңан баралбаймын. Анте албаган соң сөөгүңдү кайдан табам да, өкүрүп кайда барамын!? Атам Таласбай, ушул чыгармамды арбагыңа арнаймын,” деп жазып койду. Жүрөк дартынан өлгөн апасы Гүлажар менен кайып кеткен атасы Таласбайды ушинтип табыштырып койду. Тогуз күндөн бери туйланып атып, кайып кеткен атасы менен апасынын арбагын университеттин ушул дарсканасына чакырып алган бакшы сымал сезип кетти өзүн.

Аягына: “Кыргыз Мамлекеттик Университети. 316-аудитория. 1962-жыл, Фрунзе” деп жазды да, көкүрөгүн кере кенен дем алып, ордунан шарт турду. “Түз эле “Ала-Тоого” чуркап барсам!” деп өрөпкүдү, “сүзө качыра кирип барып, Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековго көргөзсөм” деп өрөпкүдү. Андай үлкөн кишилерге жетиш кайда, анте албасын билип, кол жазмасын көтөрүнө терезенин тушуна басып келди. Алыстагы тоолорду тиктеди. Күнү узарган, саратандын илеби урган июлдун ушул кечинде тулаңы күнгө күйүп, саргарган Бас-Бөлтөктү, анын артындагы карт Аламүдүн, карт Ала-Арчанын мунарыктаган тоолорун сырдашындай тиктеп (ал кезде тоолор шаңкайып көрүнөөр эле терезеден), сүйлөшүп-сырдашчудан бетер урчуктуу чокуларын телмире тиктеп, “атаганат, тил бүтсө силерге бир оокумга!” деп тиктеп, өзүн бир саамга тээ Аламүдүндүн төрүндөгү көк болоттой сурданган аскар чокуга теңеп, анан терең үшкүрүндү. Бул - азаптын үшкүрүгү эле, атаны издөөнүн азабы менен атамды кантип жазам дегендеги чыгармачылык азаптын үшкүрүгү эле. Жеңилдей түштү.

Ири алды баягы өчмөнтөйү бар активист сөрөйдүн көзүнө бир көрүнсөм дейт, түз эле “Ала-Тоого” чуркап жетсем дейт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сабыр тутуп, алдынан бир өтмөккө “Учурчул” курбуларына келди эртеси. Өздөрүн каадалуу калемгер санаган баштооч акындар, баштооч жазуучулар, баштооч адабиятчы-сынчылар кезектеги адабий кечеге, адабий талкууга чогулушкан. “Токомбайып жазбаганды жазып!” деп чоочуган баягы курбусу гана көпчүлүктүн кужулдагынан четтеп, коомай отурду бурчка тыгылып. Калгандары парталарды, отургучтарды калдырата жылдырып, уй мүйүз тарта чалкалай отурушту да каада менен угушту Жусуптун аңгемесин. Адегенде жайбаракат баштаган Жусуп улам илгерилеген сайын аңгемесинин кыраатын келтирип, “Учурчулардын” демин ичине катып калышканын туйган сайын доошун сала кызып, күрпүлдөп кирген суудай күпүлдөтүп окуду, кара жини кармаган бакшыдан бетер чамынып окуду. Чымындын гана учканы угулган тымтырстык өкүм сүрүп, жалгыз үнү университеттин бул башынан тигил башына жаңырып турду. Ошондо кайран Жусуптун учкул кыялы ал замандын сүрөтүн мына мындай келтирген эле.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 22:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

IV

“П артиялык курултайдын делегаты”

(Биринчи бөлүк)

Аял-эркек аралаш тикесинен тик туруп, тиреле ырдаган, бар кайратын үрөй, күчөнө ырдаган “Интернационалдын” өктөм кайрыктары – айтууда азыркынын чилистени, эне тилге жооптуу “Тыныстан уулу” ысымдуу чилистени “мындан ары ырдын кайырмасы” деп айттырган ыкчам кайрыктары кулакты тундура жаңырып жатканда, малакайын эки бүктөй уучтаган, оң каруусуна төрт эли кызыл жагоо арчындаган Аксылык делегат Таласбай Зулпуев катарындагылардын абанын ээрчий эриндерин бүлк эткизе кыбыратымыш этип, бир маалда качанкы бир эски ырдын төрт сабын ичинен эки мертебе кайрып алды. Делегаттар тизмеленип атканда жыйынды тейлеген жүйрүк тилдүү кыргыз активдер – орусча күрмө-шым кийинишип, орусча көкүл койдурушканы гана болбосо өзү курдуу эле көрүнөт кебетелери – көчмөндүү элден өңдөнгөн малакай-тончон өкүлдөрдү жазбай таанышып, шыпылдай басып келишип: “Интернатсанал” ырдалат, жалпы мээнеткеч журттун урааны болот, кошулуп ырдагыла, кыргыздын (!) намысы үчүн жок дегенде кайырмасын коштогула! ” деп, бек-бек айтышкан. Башын ийкегилеп, “Албетте! Албетте!” дегени менен ичинен: “Кайырмасы эмнеси, ботом? Жакалуу тондун кайырмасы болчу эле, бала болуп башыма жүн чыкканы ырдын кайырмасын кулагым чалбаптыр?” деп, Таласбай Зулпуев калың топту аралай басып кеткен. Эми көчмөндүү делегаттардын көпчүлүгүндөй эле ата-жото укпаган ырга тили келбей чайналып, эки көзүн жайнатып турду, жамакчы неме жакшы эле ыр жандуу эле, бул ирет эрдин бүлкүлдөтө кыбыратканы менен көмөкөйүнөн кыңылдап, тилин чайнап алчудан бетер доошун бийик созо албай турду. Бирок толкундап алган. Эрктүү кыргыз эли өзүнчө өкмөттүү болуп, Кара-Кыргыз автоном облусу атыккан, ошол облустун урматына мынчалык эл топтолгон жыйындын салтанаты толкундаттыбы, үзүктөй-үзүктөй кызыл байрактары илинген, кулачтай-кулачтай кызыл көрнөктөрү тегерете жыш тартылган төбөсү бийик мынабу эки кабат аксарайдын сүрү толкундаттыбы, же тил күрмөөгө келбеген ырды тантыгандан көрө билген абанымды созуп калайын дедиби, айтор, оозуна сала бергенсип: ”Бербедигер бир өзүң, бере көргүн тилегим! Кулаалы таптап куш кылдың, курама таптап журт кылдың!” деп койду ичинен. Бала кезден уга жүргөн ыр эле. Аттиң, так ошол ыры, ошол ырдан уланган чыр акыры түбүнө жетти.

“Делегат” деген даража чыгып, жыйындан жыйынга делегат шайланып, жаңы өкмөт “уполномочун” деген кызмат таратканда “үлкөн уполномочун” атыгып, шымалана партиянын ишинде жүрүп эле ойдо жок күнгө туш болоорун ким билиптир анда, “Интернационал” жаңырып бүтүп, дүркүрөгөн кол чабуулар, ураалаган кыйкырыктар менен уланганда да жүрөгү толкундаган Таласбай Зулпуевдин кыялы алда кайда кетти алып-учуп. Көчмөндүү кыргыз уруусунун түркүн эл аралашкан мындай курултайы бир болсо Манас-Семетейдин учурунда болгондур, Адигине-Тагай дейт, ошолордун учурунда болгондур, Аксынын абышкалары эмдигиче ооздорунан түшүрбөй, улутунуп калышат, “ордону бийлеп-калчаган Нүзүп, Мусулманкул дегендер болгон” деп, аларың деле мынчалык кыйын кеткен эместир, асты минтип куралыштын өзү үч уктаса түшкө кирбеген жорук эмеспи, учан журттун курултайына делегат шайланмактын өзү жомоктогудай окуя эмеспи. Алаканын шатырата чапкылап, жанындагылардан калышпай “Жашасын улуу Лелиндин осуяты!”, “Жашасын Сталин!”, “Жашасын Өктөбүрдүн жеңиши!” деп кыйкырат, эки көзү маңдайдагы кырмызы жабуулуу үстөлдү - “президиум” аталат экен анысы, артында “ардактуу президиуму” да бар - кырданта отургандарда, кырданта отура жыйынды баштагандарда, алдыга суурулуп жарыш сөз алгандарда. Кыял чиркин курусун, алып учат алда кайда: “Элүү жылда эл жаңы деген. Капырай, элүү жыл оболу ким элек, ушул жол, ушул нук менен жүрүп отурсак элүү жылдан кийин ким болобуз? Тобо-о, элүү жылы кийиниң – миң тогуз жүз жетимиш бешинчи жылга туура экен. “Кемминизм” аталган ошол бейпил заманды көргөн күн болоор бекен!? Эмнеге болбосун, сексен жашка чыгып эле жүрүшпөйбү, кудай жанды аман койсо сексенге чыгат экемин, сексен дегениң жакшы курак эмеспи!” деп отурду. Жарыш сөзгө чыккан жок, бирок дүркүрөгөн кол чабуулардан кур калбай, маал-маалы менен “ураалап” отурду. “Миң тогуз жүз жетимиш бешинчи жыл, марттын жыйырма жетиси!” деп отурду. 1975-жылдын 27-мартын самап, дамалуу отурду. “Ата-а, күч-кубатым аянбай, өктөбүр жолтойго кызмат кылса-ам” деп, түпсүз кыялга термелип отурган.

Бир маалда баятан сөз сурап жулунгандардын ирээтин бузуп, утур сөз алып, чакчырыла сүйлөгөн кайыш курлуу кыргыздын:

- Ленинди көргөм! – деген сөзүнөн оюн жыйып, кулагын түрүп калды.

Дуулдаган делегаттар тынчтана түштү. “Ооу! Жолдош Лелинди көргөн! Жолдош Лелинди көргөн!” дешип, өңчөй мусулман делегаттардын эстери ооп, ооздору ачылды. Орус-кыргызы аралаш жыйынды баштаган он чакты активдин орто ченинде отурган, жашы жыйырма беш - жыйырма алтыдан озбогон, кызыл аскерчеcинен жоо кийимчен, чачын артка сылаган, сыйда мүчө кыргыз кайра сөз алган экен. Сол колу менен кайыш курун майыштыра кармап, оң колун сермеп-сермеп коёт, трибунанын бирде оң жагына, бирде сол жагына имерилип коёт.

Жолдош Ленин менен жолукканымда Түркстан жагдайын
кадала сурап, жергиликтүү партиялык уюмдардын, советтик органдардын катарын түпкү элдин өкүлдөрүнөн толуктоо маселесине бек көңүл бурган! Демек кыргыз букараларынан кызматчыларды таптоо керек, ушул жагын күн бүгүнтөн тейлөө керек!

“Баракелде- е! Башыбыз айланып, карайлап турган чакта сөздү таап сүйлөгөн кеменгер жигит экен го! Партиянын саясатын терең түшүнгөн көзү ачык жигит экен! Жаактуусун айтасыңбы! ” деп, делегаттардын жарымы тамшанса, жарымы “Лелин менен жолуккан! Лелин менен жолуккан! Лелиндин сынынан өткөн!” деп арбалды. Тигиндеги үй бою тирелген сүрөттөн көзүн тамылжытып караган Ленинди бир карашат, трибунадагы кишини бир карашат. “Орган”, “масса” деген сөздөрдү аңдоого түшүнүгү чактуу Таласбай Зулпуев элдир-селдир боолголойт сөз төркүнүн. Аңгыча катар отурган делегат чыканагы менен капталга койгулап:

- Кайсы “үп” эле? – деп шыбырады.

Таласбай Зулпуев түшүнбөй, жалдырап калды эле:

- Кайсы актип эле? – деп оңдоп сурады.

- Абдыракмануп дешпеди беле жана. Жооптуу катчыЖусуп Абдыракмануп окшойт баамымда! – деди Таласбай Зулпуев тигиге эңкейип.

Төрдөгү киши сөзүн улайт:

Экинчи суроо, жер-жерлердеги ишти кыргыз тилине
кечеңдетпей көчүрүү. Мына кыргыз кезиттүү болду, кезиттин аты “Эркин-Тоо”, төрт ай болду. Бардыгы эле биле бербесе керек аны. Кезитти таратуу иши майда-барат жумуш эмес! Баарыбыз жапа тырмак кол кабыш кылганыбыз оң. Ириде өзүбүз окуп, анан маанисин кара аламан журтка түшүндүрүү - партиялык милдетибиз. Жолдоштор, партиянын саясаты калың массага жукпайт антпесек! – деди.

Кабагы түйүлүп, өңү кумсарат. Ушинтип жарым саат сүйлөдү.

Трибунанын бирде оң капталына, бирде сол капталына имерилип коёт. Бирде оң колун, бирде сол колун сунуп, сермеп коёт. Анда-санда трибунаны “дүңк” эттире муштап коёт. Зал “солк” эте түшөт анетсе.

Жарыш сөз талашкан актив орусчага да жүйрүк окшобойбу, же тегерете тартылган көрнөктөрдү тизмелеп жаттап алганбы, ураандары баятагыдай кыска айтылбай, узун ташталып, албууттана кыйкырса, өңгөнү кой, эки тепкич баштооч билими бар башы менен Таласбай Зулпуев жаңылды. “Жашасын дүйнөлүк мээнеткеч элдин баштоочусу - орус пролетариаты! ”, “Жашасын орус пролетариаты менен көчмөндүү кыргыз томояктарынын түбөлүк достугу!”, “Жекеликти жексен кылсын сотсиалдык курулуш!” деп бүтүрдү сөзүн. “Томояк” десе, “томояк” кейиптенели деген делегаттар шатырата кол чаап, жалпы ураалап калышты. Ураалаганды Таласбай Зулпуев бул сапар да жакшы келтирди.

- Танапис! – деген жарыя айтылып, делегаттардын алдыңкы катары ордуларынан тура баштады.

- Эмне? Эмне болду? – деди түшүнбөй калгандары.

- Тыныгуу! – деп айтылды дагы бир жолу.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 22:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жайдын ичи жалпысы менен кымгуут козголду. Бирин-бири
кучактап, колдорун кысып жатты. Малакайын колтугуна кыса салган Таласбай Зулпуевдин ири алды жанагы кыргызга барып учурашып, колун кыскысы келди. Карыялардын толу муңун ушуга айтайын деди. “Өзүбекстан деген өкмөт түзүлбөдүбү, урууcу кыргызы деле, кыргыз эмеси деле “өзүбек” аталып, көбү ошол өкмөткө кошулуп атпайбы, айрыкча Аксы элинин кыштоолору өтүп кеткенин ылаңка сөз ээрчиди, карыялардын салам-дубайын жеткирейин” деди. Улам мойнун созуп, президиум жакты акмалайт. Тегеректеп киши толтура.

- Жанагы жигит кыйын сүйлөдү ээ, – деп сөзгө тартты чыканагы менен түрткүлөгөн катарындагы делегат.

- Калет жок, - деди Таласбай Зулпуев, - Китептен чыккан кишидей сүйлөдү! Жигиттин гүлү экен!

-Кайсы элдин өкүлүсүң? – деди тигил.
-Аксы элинен. Кырк-уул болушунан, - деди Таласбай
-Зулпуев, - Өзүң?

- Кетмен-Төбөнүн саяк элинен, - деди тигил, - Арым болушунун атынан келген ылгалмын. Атым – Атаюп Саадак.

Эси-дарты Абдыракмановдо турса да, жүздөгөн делегаттардын ичинен суурулуп барып ал кишиге учурашуунун ыңгайын келтире албай турду. “Топ тараганча оңтоюн таап бир айтармын” деп өзүн жооткотуп коёт. Кыжылдаган эл арасында жөөлөшүп-түртүшүп, Саадак Атаевди ээрчий сыртка чыкты.

-Кел, биз да даарат сындырып алалы, - деди Саадак Атаев.
-Ыя, - деди Таласбай Зулпуев.
- Даарат ушатып алалы, - деди Саадак Атаев, -Анан чолобуз тийбей калат.

- Каякта экен?

-Эл турган жакка эле барабыз, - деди Саадак Атаев.
Чын эле караса, даараты шаштырган делегаттар маңдайдагы мажүрүм талы күчүктөп, кара жыгачы бүрдөй баштаган бакты – мурда бир бай көпөстүн багы болсо керек – аралай чуркашып, көзү-башын илдирип албаска бутак-бүрчүктөн буйтай чуркашып, шактуу кара жыгач, жоон теректин далдаасына аркасын сала саамга талтая туруп калышат да ычкырын тартына чыга келишет. Капталына кыңая калып, таноолорун жана чимкиринип, какырынып-түкүрүнүп атканы да бар. Эңкейе калышып алыштагы сууга колдорун чайкап коюшат. Жеңилдеп алган немелер күрмөлөрүн бүчүлөнө момурая басып келишип, жазгы күндүн табына күнөстөп, уй мүйүз тарта туруп калышат. Жаната уккандары бүдөмүктөнүп, кобурашып турушту. Айран кала баштарын чайкайт:

- Жолдош Лелин кыргызды киши катарына кошууну табыштаган дейби! Абдыракманупга табыштаган дейби!

- Пай-пай! Пайгамбар менен жолугуп!

-Киши катарына кошулдук, ошон үчүн өзүбүзчө өкүмөт
болбодукпу. Эми мусулманча жазманы жайылт деген турбайбы! Абдракмануп ошону айтты. Караламан казак менен сарттын ичинен кыргызды бөлүп чыкканы Сыдыкуб эмеспи!
-Сыдыкубу кимиси?
-“Сарт” дебе. Анын баары “өзүбек” атыккан эми.
-Аа! – деп таң калды аны укканда тончон кыргыз.
Баята коноктордун ат-көлүгүн алууга, жем-чөбүнө жооптуу кыргыз уландарды – “жетим балдар үйүнүн тарбиялануучулары” деп коет аларды – чуркатып коюшкан экен, делегаттар эсин жыйгыча аларың чурулдап калышты:

- Кара-кыргыз кезити! Кара-кыргыз кезити! Кезиттин аты “Эркин-Тоо”! “Эркин-Тоо”! Бирден алгыла! Алгыла! Алгыла!

Бурулуп карашса мусулманча жазылган гезитти кат-каттап кучактаган уландар элди аралап, бирден булгалап, таратып жүрүшүптүр. “Кыргыз кезиттүү болду” дегенди угушкандары бар эле, бая Абдыракманов да айтты эле. Көрүшкөнү ушул. Чын эле гезит экен, эки бүктөм экен.

- Почти как “Пишпекский листок”! – деди гезитти кармалаган сакалчан орус делегат.

- Почти как “Правда”! Киргизская “Правда”! – деди орусча билген кыргыз делегат.

- Че? – деп мурдун чүйрүйт беркиси.

- “Батрацкая правда”! – дегенче шашты кыргыз.
- Кудая-тобо! Берчи бирди көрөлү, - деп жабалактай колдорун созот делегаттар.

Чоңдордон артпай жүргөн асыл буюмдай талап жатышты. Кат-сабаты ачылганы окуганы алды, көзү туюгу ырымдап сонундукка алды. Бирине жетип, бирине жетпей, бат эле талап кетишти. Жетпей калганы олжодон кур калгансып “кап” деп ичинен кыңырылды. “Тумар кылып бирди үйгө ала кетпей!” деп кыңырылды.

- Эмне кезит экен? Эмне дептир? – дейт сабаты жогу сабаттуусунан.

- Бүүт-күл об-лааст-тыык жее-ри 1958 миң чаар-чы чаа-кыы –рыым-га..., - деп эжелейт гезитке үңүлгөнү.

Кур калгандын ичинде Таласбай Зулпуев да бар эле, тигинин эжелеп окуганына моокуму канбай, шар окуганды издеди. Гезитти жая кармап, дабышын бийик салган жигитти тегеректеп, үстүнө үйрүлгөн кыргыздарга кыналды. Кулагын төшөйт.

“Бүткүл областтык жери 1958 мин чарчы чакырымга туура
келип, бир чарчы чакырымда төрт жан турат. Бардык калкы 790 122 киши, мунун ичинен 504 858си кыргыз, 118 170и өзбек, 133 123 орус, 1084 тажик жана калганы ар түрдүү башка калктар. Алар: түрк, уйгур, татар, дунган, [moderated]-калмак, кыпчак, казак жана башкалар”, - деди тигил.

Ой-буй, азар-түмөн эл бала-чакасына чейин санатылуу экен ушинтип. “Сан кыргыз”, “базарга батпай кыжылдаган [moderated]”, “уй түгүндөй калмак”, “саадактары бир кучак, санжыргалуу кан кыпчак”, “кара таан казак” дагы эмне, дагы кандай айтылчу эле эл оозунда, эзели санатып угушканы ушул. Кулагын төшөп жардангандар бир-бирине кымыңдап коюшат.
-Эсепте экенбиз! – деп коюшат.
Не элеттен, не сарттан келгени билинбеген, бир караганда чөл кыргызы кебетеленген, топу-маасычан делегаттар да көздөрүн үлүңдөтүп сүйүндү:

- Бизди унутпаптыр!

Бул дагы эчтеме эмес, кийинки окуганы оозду ачтырды.

-Областта малдын саны төмөнкүчө! – деп келип, төрт түлүк,
беш түлүк малды санап, ага кошуп доңуз менен эшектин санын айтканда, түртүшүп турган кыргызыңдын келмеси түштү оозунан. “Отуз миң чочко, алты миң эшек” дегенде, жакаларын карманды. “Энеңди-и! Эшектен бери саналуу тура!” дешип, жерге түкүрүнгөнү бар. “Малга кошуп!” деп тегерене басып, этек-жеңин кагынганы бар.

Тигил жигит гезиттин улам бир бетин оодарып коет. Өзү да үнү коңурдоо жигит экен, коңур чечен өңдөнүп төгүп окуду, утур бир бетин оодарып, төшөлүп окуду. Сүзүштө кыйшая түшкөн малакайын оңдоңуп коюп, Таласбай Зулпуевдин бир кулагы гезитти окуган жигитте, бир кулагы күбүр-шыбырда. Бир маал күбүр-шыбырга дурустап кулак салса тигил жигит ушул гезитке тиешелүү жаштардан имиш, эмне мынча безеленип шар окуйт десе, гезитти бастырган Ала-Тоолук азаматтардын бири имиш!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belka   23 Апрель 2016 - 22:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Эки эле бүктөм гезит, ичинде баары-жоктун баары бар экен, тигил гезитчи окуп бирин түгөтө албайт. Ошондо да чолуп-чолуп окуду. Бүкүл орус аткаруу кемитетинен бир жагдай, Кара-Кыргыз аткаруу кемитетинен бир жагдай деп окуду. Жапайы алма, жаңгак, мисте, өрүк, карагат, кожогат, деги койчу, айтып отурса Ала-Тоодо мөмөсү желбей көң болгон жемиш жыгачтары көп экен, “дары чөптөрү, арашан суулары” деп окуду эле, Ала-Тоо бейиштин төрү экен, жер үстүндөгү байлыгы быякта калсын, жер алдында катылуу кен байлыктары андан кенен экен, алтын-күмүш, асыл ташты угуп эле жүрүшөт, тигил гезитчи тилге келбеген капкаяктагы кымбат бир заттарды да санап өттү “радий-мырадий” деген, “ушунун баары – сарамжал! ” деди эле, астапырылда, Чоң Бээжин эмес, кыргыздын жери - учмактуу экен! Жер-Уюк ушул жер экен!

“Жанытма” деп бирди окуду. Кеңеш бийлигинин ишине көп макул эмес бирөөнү ашкерелеген жанытма экен. Аягында ыр окуду.

Ушунун баарын батырган гезит болот тура. Бир кыргыздын санаасын сан кыргызга, сан кыргыздын санаасын бир кыргызга жеткирген гезит тура. Аңыз болгон “Эркин-Тоо” ушундай тура!

-"Эркин-Тоо” элдин кезити! Жазгыла, мына - “Эркин-Тоо”
деген кезитиңер бар эрктүү элсиңер! Арабыздан канык жазгычтар, канык акындар чыккан! - деди гезитчи жигит сөз аягында.
Ошолордун он чактысын санап да өттү. Иши кылса ошолордой болгула деп үгүттөдү эле, “Тыныстан уулу”, “Токомбай уулу” деген эки эле ысымды эстеп калды Таласбай Зулпуев.

Ушундай тууган, куш тилиндей ушундай кат-кабар мусулманча жазылчу болуптур, тили кыргызча чыгыптыр, кыргыз баласы ушундай гезиттүү болуптур, ушундай гезитти жасаган кыргыз баласы чыгыптыр.

- Жайлоо-кыштоолорго качан жетет? – дешти эле,

- Кыдырмачы уюштурабыз! “Бошто” деген болот, кыдырмачы бошто уюштуруу оюбузда бар! – деди гезитчи жигит.

Тээ жер түбүндөгү – жер бетинин “Маскөө”, “Иленингырад” , дагы-дагы эмне балакет деген өңүрүндөгү кат-кабарды Ала-Тоонун бооруна зымырыктай ташыган гезитти өз көзү менен көргөндүгүнө куштарланган эл арасында Таласбай Зулпуев да терисине сыйбай, бир орунга тура албай желпилдейт. Ар кайсы жерде топтошкон кыргыздар менен кол алышып, далай делегаттар менен таанышты. Утур бирине барып:
-Салам-алейкум, тууган! Аксы деген жерден болом, атым
Таласбай, атамын аты Зулпу, - дейт.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Аксың каяк эле?” деп аңкайышса, “Кетмен-Төбө, Таластан аркы дабандарды ашкандагы жер эмеспи” дейт. “Аксыны билбеген кыргыз бар тура, тобо!?” деп таң калат.

- Аксылык болсоң, атың неге Таластык? – деген тамашаны да укту.

Анысы узун сабак жомок.

-Ийикчи эшенди укканыңар барбы? Эшенди ээрчип барган
көп кыргыз Анжиянга өрт койгон жылы жарык дүйнөгө келгем. Биздин бүлө дал ошол жылы Таласка үркүптүр, Таласта туулганымдан атым Таласбай, – дейт.

Топту аралап чыкканча уруусу кыргыз тараган жердин бир далайынан кабарлуу болду. Түрлүү-түрлүү кыргызды көрдү. Көктөмдө тон-ичигин жонунан түшүрбөй, кырданта көрпө тебетей кийген кыргыздарга учурашты.
-Дале тончонсуңар? – деди Таласбай Зулпуев.
-Ат-Башыда токсон чыга элек, ботом! - деп коюшат тигилер.
“Ат-Башы, Нарындан ” дешсе, “көк ирим Нарын дарыянын башы эмеспи” деп баамдады, “Каркырадан” дешсе, Көкөтөйдүн ашы эске түштү. “Ооба, ооба, Көкөтөйдүн ашы биздин жерде өткөн, аштан калган таш тулгалар азыр да турат белчесинен өйдө чымга көмүлүп, ошол жерден келдик” дешет көлдөн келгендер көтөрүлө. “Түп” десе, Чын-Мачындын түбүн болжолдоду. Үркөрдөй бөлүнүп, четтеп турган, жоолук менен чапандарын белден бууган, [moderated] топу кийген куучуюңку делегаттар менен таанышты. Аларың айнып калган немедей бир туруп “кыргызбыз” деп, бир туруп “сартпыз” деп башты айлантышты.

- Койиң энди, Ахмаджон. Өзүбекмиз демайсама! Бундан биен бизни “өзбек” аташмокда, 28 - деп тыңыраак бирөөсү жанындагысын тыйды.

“Өзүбек” десе, айылдагы карыялардын кайгысын эстеди кайра. “Нанайдан наркы жердин баары кулакка өөн аталып атпайбы, “Өзүбекстан өкмөтү” аталып атпайбы, көп элдер ошол өкмөткө ийилиштүү болуп атпайбы, аксакалдар ошон үчүн армандап атпайбы!” деди оюнда Таласбай Зулпуев. “Өзүбекстандын бир өңүрү бизге өткөнбү?” деп айран калды. Элге аралаша албай окчундаган, кебете-кешпири бир караган кишиге чөл кыргыздары түспөлдөш, бир караган кишиге калча кейиптүү, иши кылса бир чалымы бар делегаттарды жандады.

- Бизби? Энди кандай айтсак жарашады? Биз - түркпүз, - дешти алар мукактанып. – Айым, Жалал-Кудук болушунан боламыз.

-Кыргызсыңар! – деп бир тийди Таласбай Зулпуев, -Мусулманкул, Алымкулдун урпагысыңар! Туурабы!?

Ары калаадан жатыркап, ары жарыш сөздүн бирин түшүнүп, бирин түшүнбөй, баштары айланган ал делегаттар “капталдан жиреген бул кайсы актиби?” дешип бүшүркөдү, баштарын тегиз ийкегилеп:

- Ляппай! Хоп! Ушундек, ушундек , Сизниң сөзиңиз туура! –дешти.

Оруска гана катыла алган жок Таласбай Зулпуев. Зарылдыгы деле жок эле. Же болбосо чала-моңол тили менен тийишип деле көрмөк. Ушинтип айланып басып жүрүп, “чек тартуу маселесин кабыргасынан коёюн, анын арты менен Абдыракмановдун көзүнө илинейин” деп чыйралды. Анча-мынча кишинин көзүнө жаңы замандын камчысын чапкан актив көрүнүп, айланып басып жүрдү. “Жылтырап отурганы келдим беле, аксакалдар табыштады эле, чек маселесин козгоюн. Жалал-Абад өкүмөтү чекти натуура тарттырганын айтайын” деди. Чөйрөлөп басып жүрдү. Жоро-жолдош арасында эки ооз сөздүн башын курап жиберчү жамакчылыгы кармап, ыр жамактады:
Тегене деген төр жайлоо,

Теребелин сурагын.

Тебетейим ыргытып,

Териме батпай турамын.

Аркыт деген күр жайлоо,

Айланасын сурагын.

Элүү жылда эл жаңы,

Ээлигип мында турамын!

Узарып уучуң кылымга,

Курултай курду кыргызым.

Соңку эки жолдун уйкашынан жыдып калды эле, ичинен жаратып койду. Курултайдын жүрөктү толкундаткан, көңүлдү толтурган маанайын так өзүндөй таап жамактаганына куштарланды. “Ырдап салдым!” деп куштарланды. Өзүн Жеңижокко теңебесе да, шыгы ойгонгон акынсып турду. Басып жүрүп, дагы кайталады ичинен:

Тегене деген төр жайлоо,

Теребелин сурагын.

Тебетейим ыргытып,

Териме батпай турамын.

Аркыт деген күр жайлоо,

Айланасын сурагын.

Элүү жылда эл жаңы,

Ээлигип мында турамын!

Узарып уучуң кылымга,

Курултай курду кыргызым.

Аягын: “Таласбай Зулпуюп. Миң тогуз жүз жыгырма бешинчи жылында, март айынын жыгырма жетиси” деп бүтүрдү.

“Кезитке таштай кетейин! Жана кезит ыр сурабадыбы! ” деген ой келди. “Эркин-Тоонун” бетинен, ырдын этегинен “Жазган:Таласбай Зулпуюп” деген саптарды элестетти.

Эл зериге баштап, “калаа деген чайканалуу болчу эле? Чайканасы жок бекен?” деген үндөр угулду.

Насыбай атым убакыт өтүп, көчөнүн башынан кош ат чегилген трашманке көрүндү. Такалуу туяктары таш жолду тарсылдата койгулаган кош ат жакындаганда башын буруп, тунжурай тиктеген делегаттар жол бошото четтей беришти. Илгери мындай трашманкени төрөлөр эле минчү.

Орозбекубду тарткан араба! – деди бир кыргыз.
Тырашманке! деп оңдоду аны бирөө.
- Араба десе даражасы түшүп калабы! – деп опурулду беркиси кайра.

Тебетейин баса кийген, мурутчан киши түштү трашманкеден. Аягын акырын таштап, сөөлөт менен түштү. Ичкери кирип баратып, жарданган элге башын ийкеп, учурашып койду. Эл күбүр-шыбыр:

- Орозбекуп аксакал!

- Кыргыз аткаруу кемитетинин аксакалы Орозбекуп!

Карагерин алчылантып Абдыракманов пайда болду жогорку имерилиштен. Делегаттар эми ал жакка жарданды. Мингени куйрук-жалы төгүлгөн бедөө аргымак экен, алчылантып келатса асынма булгаары баштыгы капталында салпылдайт. Ал келди да мамыга атын аса байлап, арышын бачымдата кирип кетти.

“Кайсы эшигинен чыгып кеткен? Качан үлгүргөн? Ата-а, бая бакты аралап чуркаганда чыгып кеткенби? Жанагы Саадак деген неме каскактай болуп! Же гезитти тегеректеп турганда чыгып кеткенби?” деди Таласбай Зулпуев.

- Киргиле! Киргиле! Жыйын башталды! – деген үн угулду.

Делегаттар тапырап кайра киришти. Эми биротоло түш

оогондо, биротоло түшкү чайга чыгышмай болуп киришти. Жарыкка көнө түшкөн делегаттар шыкаалай карап, күңүрт залдан орундарын таап алышканча, жыйынды баштаган актив:

- Жолдоштор, качкын кыргыздардын абалын талкууга салуу таклиби бар, - деп сөз баштап жиберди.

Артта түртүшкөндөр бош орун издеп, отурганча ашыкты.

Актив сөзүн уланта берди, жай таба электерди ансайын ашыктыра тамагын жасай берди. Милдет дегенди утур кайталап, узун сүйлөдү. Кытайдан кайта элек качкындар арбын дале, аларды кайтаруу - милдет, кайткандар мужукка тарттырган жерлерин сурай албай жүдөдү, жерлерин кайтаруу - милдет, шапке көрсө жалтанган жакырлардын шайман жагы да тартыш, жардам үлөштүрүү - милдет...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   belka   24 Апрель 2016 - 15:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

“Түшүнүктүүрөөк экен, түшүнүксүз сөзү азыраак экен“ деп отурду Таласбай Зулпуев.

Анан жарыш сөзү кайра башталды. “Турпанчылар” деп коюшат экен үркүндөн кайткандарды, “турпанчы элек” деп улам бири турат.

Арман-ээй, айтып отурушса баары эле он алтынчы жылында бир өлүмдөн калган кыргыз. Угуп отурса, баары эле мылтыктуу казак-орус, жарактуу кара орустун кызыл кыргынынан араң кутулган, конуш-жайынан куулган томолой баш кыргыз. Баары он төрт-он бештеги уландар экен ошондо. Абдыракманов өзү баш болуп бир ажалдан кайткан киши экен ошондо. Текестин ичинде Чоң-Капкак, Үч-Капкак деген жерлерде бир уруу элди катын-баласына карабай казак-орус кылычтап кырып жатканда он беш жашар Жусуп, азыр Кара-Кыргыз облустук партия бюросунун тизгинин кармап, трибунаны чапкылап отурган мынабул Жусуп беш жаштагы кара чечекей инисин көтөрө качып, артынан бардаңкенин огу жаап турганда, карагай-черди аралай чуркап, багы бар экен, карматпай кетиптир. Кеп салып жатканда, моло таштай томсоруп, кайраттуу сүйлөдү. Болгону гана инисин оозго алганда бир маал “чечекейим” деп койду.

Мукай Камбаров ысымдуу дагы бир турпанчы сөз алды. Бир уруу элден, кокту толо журттан коколой башы калган шордуу экен, көз байланаар маалда, борошолоп жааган карда Какшаал тоону Бедел туштан жалгыз ашканын айтты, тентип жүргөн кезинде Турпандан жалгыз кайтканын айтты. Туталана түшүп, эмнегедир ошончодон Беделдин ач белинде кайыгып өлгөн чоң энесин кыстара кетти сөз арасына. Кетели десем болбой көшөрүп, акпаашаны каргап калган деп айтты, “Каргышы жетти!” деп айтты. “Каргышы жеттини!” үч мертебе кайталап айтты.

Ыйлагыдай айтты. Өзү ыйлабайт. Туталанганы гана болбосо, туттугуп да койгон жок. “Каргышы жеттини!” укканда, жакаларын карманып, “чын эле, ботом! Каргышы кайт болбоптур! Падышанын тукуму ошон үчүн соолбодубу! ” деп бир ооздон кошулганы болбосо, отургандар тунжурайт.

“Азапты көп тарткан кишиден мөлтүр жаш акпай калат окшойт, анан калса кыргызга жарашпаган согуш экен!” деди Таласбай Зулпуев тигини угуп отуруп зээни кейигенден.

Башкалардан айырмаланып Камбаров жер-сууну козгогон жок. Сүйлөп келип маселени эл күтпөгөн кабыргасынан койду, сабаттуу көрүнөт, ток этер жеринен койду:

-Жолдош жооптуу катчы! Бар болгону жети-сегиз жыл
илгери эле ак асаба туубузду желбиреткен өзүбүзчө хандык болсок, ак кийизге салып көтөрүлгөн хандуу болсок деп тиленген кыялкеч журт элек. Карагылачы, мына бүгүн эрктүү элдердин катарынан орун таап, кыял-тилегибиз оңунан чыгып, автоном облус аталдык. Автоном облус! Ушу күндү көксөгөндөрдүн нечени үркүндө жок болду. Менин баамымда үркүн – кыргыздын козголоңу, кан ичер падышага каршы козголоңу. Падышанын тактан кулашына үркүн чоң шилен болду десек оң келеби?

- Оң келет! – деп кыйкырды Абдыракманов, - Эң туура баамдагансыз!

Саамга ойлоно калып, үстөлдү муштап жиберди:

- Өктөбүрдүн жарчысы! – деди, - Өктөбүрдүн жарчысы десек да жарашат!
Жыйын кошо: “Жарчысы! ” деп түйшөлдү. “Атаңгөрүү! Кеменгер киши кеменгерлигин кылат тура, карачы ушул жерден да айрып түшүндүргөнүн! ” деп тамшанды.

-Ошол кандуу окуяларга он жыл толгону турат, - деп улады
сөзүн мурдагы турпанчы Мукай Камбаров, - Ал эми далай кыргызды айрынын учуна салып сайгылап өлтүргөн кара орустун балдары сайрандап жүрөт. Алардын кылыгы өз баасын ала элек!

Жаалы кайнаган түрү бар.

- Мезгилдин аралыгынан, бийиктигинен баам салуу керек! – деди Абдыракманов.

- Он жылдык бийиктик! – деп жиреди Мукай Камбаров.

Абдыракманов тигини партиянын тилине салып жоошутту:

-Албетте, мужуктун айыбы жок эмес. Кан соргуч
капиталисттер, көпкөн көпөс-байлар Түркстандагы оторчулукту мужуктардын колу менен орнотконун билебиз. Мужуктар табиятынан жумушчу табынан айырмалуу, андыктан тукурукка бат көнөт. Көчмөндөрдүн жерин мужуктун колу менен тартып алышкандыгы ошондон. Анысы – тап катары чектелгендиги. ..

Котортуп уккан орус делегаттар чурулдап сөздү бөлүштү.

- Товарищ Абдурахманов! Товарищ Абдурахманов! Ваше утверждение противоречит ленинскому положению о движущей силе истории! – деп кыйкырышты.

Бу жаңы заманда төл атыңдан мурда айтылган сыйкырдуу

сөз пайда болгон “жолдош” деген, мурдагыдай бакылдап жайдак айтылчу сөз эмес, партиялык мааниси бар, партбилет менен тең жүргөн сөзгө айланган, орду менен айтпаса сөгүштөй угулат, сай-сөөгүңө жеткендей угулат. Коммунист башың менен ансыз атың айтылса, чен-тонуңду сыйрып алгандай эле болосуң. Ал эми орусчасын таптатып уккандын кудай бетин нары кылсын. Азыр ошондой абалда калышты. “Товарищ, Абдурахманов! Тов-варищ, Абдурахманов! ” дей беришип, “товарищин” таптап айтып, Абдыракмановду туш тараптан күргүчтөп жаалаганда, турпанчыларың да болуша албай калышты.
Тунжуроо бузулуп, ызылдайт залдын ичи. Таласбай Зулпуевдин башы айланды. Наманган менен Анжияндын эл кумурскадай кыжылдаган кан базарына түшчүдө да мынчалык башы ооруган эмес. Кызууланган Абдыракманов төртпү, бешпи кайталап кыйкыргандан:

- Колонизаторы с партбилетами! – деген эле сөзү эсте калыптыр.

Аны кайталап айткан сайын байлооч бүркүттөй үңкүйүп отуруп калышкан турпанчылардын бир бөлүгүнө дем кирип, жан тартмак болду. Качан мушташ чыкчудай болгондо:

- Чай вактиси булди! – дешип, айла кеткенде “чайды” айтып арача түштү түштүктөн келген бирөөлөр.

Кетенчиктечү түрү жок Абдыракмановдун.

-Айтканыңар түк ката! Бул сөзгө дагы кайрылып келебиз! – деди кекенип.
Адатынча трибунаны бир муштады да тыныгуу жарыялап,

ыкчамдай басып сыртка бет алды.

“Акета-ай, ооздон чыккандын баары эле жанакыдай жабыла

ырдаган ыр эмес окшойт, бу орус анча эмине ызырынды! ” деди Таласбай Зулпуев. Жыйындын каадасын, бүгүнкү салтанаттын шаанисин орусуң бузуп салгандай туюлду. “Ушундек, ушундек” деп башын ийкегилеген Жалал-Кудуктук түрк эмес тура буларың, Коргон-Төбөлүк кыпчак эмес тура буларың, ызылдап катуу тийет турбайбы” деп, кызыл чеке талаштын төркүнүн биле албай таң. Качкындарды жайгаштыруудан башталган сөздүн аягы мужуктарды жазалоо дегенге кантип өтүп кетти? Шакыйнасы кармап ордунан турду. Талоонго калган Абдыракманов менен таанышуунун, Аксыдагы жер талашты айтуунун ылайыгы дагы келбей, күптүлүү чыкты шылкыйып.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 02:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: