Суперстан: Уруш-талаш болмоюнча турмуш болобу? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Уруш-талаш болмоюнча турмуш болобу? Турмуш маселеси

#101 Пользователь офлайн   lazygirl   24 Июль 2015 - 15:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Окуя : Жиндиге чыдаган олуянын сабыры.

Бул окуяны Абу Муслим аттуу аалым айтып калтырган:

Жубайым менен мындай келишим түздүк. Адам ачууланган кезде акылынан тайып, жиндинин жиндиси болуп калат . Андыктан жиндиге чыдаган олуя–көсөм керек. Эгер мен ачуулана турган болсом, ачууланганымды дароо эле байкап, сабыр кылып, каяша айтпайсың. Анткени мен ошол убакта акылыман таям, жинди адамдардан бардык нерсени күтүүгө болот деп, олуянын ролун ойнойсуң. Өзүмө келгенге чейин ошол ролдо болосуң.
Албетте, бул сабыр мага да керек. Кээде жубайым ачууланат. Мындай учурда, жубайым жиндинин ролун ойноп, мага болсо олуянын ролу тиет. Мен олуя сыяктуу сабыр кылып, каяша айтпоого аракет кылам. Өзүнө келгенге чейин сабыр кыла берем.

Абу Муслим сөзүн жыйынтыктап мындай дейт:
— Мына , мусулман боордошторум! Мен аялымды жамандабаганымдын бирден–бир себеби ушул. Бактылуу жашообуздун маңызы мына ушунда. Сиздерге айтаарым, сиздер дагы жиндиге карата олуянын ролун ойногула! Ачууланган кишиге олуянын ролун ойноп, сабырдуу , чыдамдуу болгула! Муну өзүңөргө милдет катары кабыл алгыла! Көрөсүңөр, ошондо талаш– тартыш көпкө созулбай, эки тарап тең бир–бирине капа болбойт. Анткени ачууланган тарап өзүнө каршы каяша айтылбагандыгын аныктап, ага ыраазы болот. Бул дагы бакытка жетүүнүн бир жолу болуп эсептелет.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   malika14   24 Июль 2015 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Kaiasha aityp yrysha albaim ynchykpai tyra berem ygyp.kylyp gana jenem.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   Meka77   24 Июль 2015 - 18:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Эмнеге заслужить этсен,ошонун узурун коросун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   -rusalka-   26 Июль 2015 - 09:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 23 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 20 Сен 2015 18:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:(БАЭ) Дубай шаары

Жолдошумун жини келгенде мен унчукпай калам,Менин жиним келип атканда акырын сыртка чыгып кетет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   stimyl.kg   01 Август 2015 - 17:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

“Аялзат” берүүсүнүн бүгүнкү каарманы - 33 жаштагы Турсунай. Ал да үй-бүлөдө зомбулукка кабылып көз жашын төккөн, баш калкалап кризистик борборго качып барууга аргасыз болгон, кызыл камчы күйөөсүнүн муштумунан күн алыс бети-башы, денеси көгөргөн ондогон аялдын бири.

Үй-бүлө куруп, бирге түтүн булаткан 10 жылда беш балалуу болушкан. Тилекке каршы ошонун тогуз жылын ызы-чуу менен, күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып жашап келатыптыр.

Турсунай: Былтыр сентябрь айында да катуу сабагандан кийин ата-энемди чакырып, үйдөн чыгып кеткем. Кетип жатканда эмчектеги баламды бербей койду. Бир аптадан кийин Социалдык коргоо, милиция кызматкерлерин ээрчитип барганда да балдарымды берген жок.

Кийин "балдар сенсиз жашай албайт, менин да экинчи колум тийбейт" деп жалдырап, ата-энемден кечирим сурап, мени алып кеткен. Бирок бир жума өтпөй эле кайрадан сабай баштады. Көбүнчө башы-көзүмө ургулайт, башым чайкалган. Башым ооруйт.

Мурда ичкилик иччү, кийин намаз окуп калган. Намазына ишенип да кайтып баргам, "чын эле оңолуп калыптыр" деп. Жок, намаз окуп алып деле сабайт.

Мен эч жакта иштебейм, беш бала менен үйдө отурам. Өзү бир жакка кетсе деле “үйгө ким келди, кайсы кошуна келди" деп турат. Ата-энемди сөккөнгө чейин барды, мени эле эмес, балдарымды да сабайт. Мени алардын көзүнчө урат.

“Азаттык”: Балдарыңыз канчада?

Турсунай: Улуу балам 2-классты бүттү, кичүүсү бир жаштан ашып калды.

"Үмүт менен жашап келдим"

“Азаттык”: Үйдөгү уруш көбүнчө эмнеден чыгат, себеби эмне?

Турсунай: Уруштун көбү эле кызганычтан чыгат. Бул жолу да айла жок качып келдим. Мен гана эмес, балдарым да атасынан коркот. Акыркы жолу катуу сабады, ошого чыдабай качып чыктым. Пылесостун шнуру менен, тамак ичип атып чөмүч менен бетке чаап, чачыман жулуп, ары-бери сүйрөп тартат, балдарым болушса “ушул апаңар үчүн ыйлайсыңар” деп аларды урат.

Үйдө да Кудайдан тиленип, бүгүн тынч жатсак экен деп келме келтирип отурчумун. Бирок үйдө күнүгө эле ызы-чуу болчу, күнүгө... Ал келатканда эмне кылып, эмне коюп жатканымды билбей, өзүмдү жоготуп койчумун. Дүкөнгө барсаң да "бат кел" дейт, бир аз кечиккенде анда да урушат.

Акыркы жолу кайда кеткенимди эч кимге айткан эмесмин. Бир жумадан кийин милиция издей баштаптыр. Күйөөм издеп атат окшойт десем, ата-энем издептир. Энемдин жүрөгү оорубасын деп “тирүү элемин, бул жактамын” деп кабар бердим. Буга чейин да туугандар "ушундай ур-токмок жегенден көрө жашабай эле кой" десе, балдар үчүн жашап жүрдүм. Балдар үчүн десең өзүң кор болот экенсиң...

Мени жерге отургузуп алып тепкилеп, башы-көзүмө ургулап сабайт. Балдарымдын да психологиясын бузду. Балам мектепте ызы-чуу болсо, коңгуроо кагылса эле кулагын жаап ыйлап жиберет экен. Бул тууралуу эжекеси менин кошунама айтыптыр. Өткөндө да кызым менен баламды кур менен сабады. Улуу балам көк-ала болуп үч күн температура болуп жатты. Кыздарын уят сөздөр менен сөгөт.

“Азаттык”: Эмнеге балдарыңызга болушуп, коргой албай калдыңыз?

Турсунай: Аларга жардам берейин, коргоюн десем мени да сабайт. Бир нерсе болсо эле болушпа дей берет. "Балдарыма кандай мамиле кыларымды өзүм билем, сенин ишиң болбосун" дейт.

“Азаттык: Ушунча жылдан бери кантип чыдап жашадыңыз?

Турсунай: Күйөөмдү жакшы көрчүмүн да, ошого чыдап жүрө бердим. Жакшы көрбөсөм биринчи балам төрөлгөндө эле кетип калат элем. Өзгөрөт деп күтүп, үмүт кылып жүрө бергем.

“Азаттык”: Азыр деле жакшы көрөсүзбү?

Турсунай: Азыр бүттү, жакшы көрбөйм. Кадимкидей коркуп турам. Кечинде деле аны уктатып коюп анан өзүм жатчумун, ал тургай төшөктү ачканда ойгонуп кетпесе экен деп коркчумун. Айла жок, балдарың үчүн, ата-энеси менен өссүн дейт экенсиң. Экөөбүзгө эмне, ортодо балдар эле кыйналат.

Тогуз жылдан бери сабап отуруп жүрөктүн үшүн алып бүттү, балдарымды алайын деп дагы коркуп атам. Күйөөң канчалык урган сайын ошого деле көнүп, денең да бара-бара көгөрбөй, ооруну сезбей калат экенсиң. Тогуз жыл бою сабап келатат, башында ыйлап, жаман болчумун. Азыр сабаган күндө деле ыйлабайм, жаш чыкпайт. Урса деле отура берем.

Ар ким өзүнөн баштаса...

Кризистик борборлорго убактылуу баш калкалап баргандардын көбү күйөөлөрүнө кайтып барат. “Аялзат” түрмөгүнүн өткөн берүүлөрүндө сөз кылган Нурипа аттуу келин да балдары үчүн күйөөсүнө кайтып барганын “Сезим” кризистик борборунан кабарлашты. Ал 11 жылдан бери жолдошунун токмогун жеп жашап жатканын, чачын талга байлап урарын билдирген эле.

Кризистик борборлордун буга чейинки изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда аялдардын 70 пайызы зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө туш болушат. Көп аялдар уруш-талаш кызганычтан чыгарын айтышат. Кызганыч оорубу же айрымдар белгилеп жүргөндөй сүйүүдөн келип чыккан көрүнүшпү? Үй-бүлөдөгү уруш-талаштан ким көбүрөөк жабыркайт? Психолог Самат Аалканов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Самат мырза, психологдор кызганычка кандай аныктама берет?

Самат Аалканов: Кээ бир үй-бүлөлөр кызганычка батып кетишет. Психологдордун көбүнүн ою боюнча, ар бир адамдын үй-бүлөлүк программалары бар, ошонун негизинде жашашат. Мисалы, ата-энелерибиз белгилүү бир кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, бири-бирин кызганган. Кийин балдары орусча айтканда “рефлекс” сыяктуу, ушундай мамиле болуш керек экен дегендей, аңдабай туруп аны өздөрүнө сиңиришет.

“Азаттык”: Ушул багытта психологго кайрылган үй-бүлөлөр болобу?

Самат Аалканов: Кайрылгандар болот, бирок аз. Кыргызстанда үй-бүлөлүк психолог деген жокко эсе. Массаны алганда эл муну түшүнбөйт, маани беришпейт. Проблеманы же анын себебин башка жерден издешет. Жашоодо ар кандай кыйынчылыктар болот. Ага өзүбүз жооп берип, жоопкерчиликти өзүбүз алышыбыз керек. Көп учурда күнөөнү башка бирөөдөн издейбиз. Ошондуктан өзүбүздөн да издеп, аны чечкенге аракет кылышыбыз зарыл. Кызганып эле аялым же күйөөм жаман, ал туура эмес мамиле жасап жатат деп ойлошот. Баары өзүңдөн башталат. Ар бир уруш-талаш жөн жерден чыкпайт, анын себеби, тамыры болот.

“Азаттык”: Кандай болгон учурда да чыр-чатакты болтурбоонун кандай жолдорун сунуш кыласыздар?

Самат Аалканов: Жөн жерден эч нерсе чыкпайт. Ошонун тамырын чечиш керек. Ар ким өзүнөн башташ керек. Балдар да ата-энесинин бири-бирине болгон мамилесинен, жүрүм-турумунан сабак алат. Бул алардын кийинки жашоосуна таасирин тийгизет. Чечилбей калган проблемалар кийинки муунга тарбия менен өтүп кете берет.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе, сүйүүнүн ар кандай энергиясы бар. Мисалы, бири-бирин бактылуу кылып, гармонияда жашаш үчүн аялдын да, эркектин да энергиясы болот. Бирок көп аялдар балалуу болгондо күйөөсүн унутуп, болгон сүйүүсүн, энергиясын баласына бере баштайт. Баштагыдай сүйүүнү, мамилени күткөн эркектерге бул жакпайт, жаман реакция кылат. Ошондуктан эркектер баласын сабашат, башкача айтканда өздөрү аңдабай туруп баласына кызганышат. Алар кээде баласын уруп жибергенин да билбей калышат.

Канымгүл Элкеева


"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   stimyl.kg   01 Август 2015 - 17:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 347
  • Катталган: 10 Январь 15
  • Соңку аракети: 17 Янв 2020 13:38
  • Жынысы:Эркек

Жогорудагы зеен кейиткен эжэнин абалын окуп,чындыгында ур тепкиге алган ата сооройго ачуум келди. Аял кишинин да уйбуло куруп,тынч жашоо курганга укугу бар. Аял- бир уй булонун мээримдуу апасы,жаркылдаган жакшы маанай тартуулап оорунду колдон женилинди жерден алган баа жеткис жан эмеспи. Ошондуктан аз да болсо конул буруп конулун которуп турсан уй булон бала бакыран да ыраазы,тынч омур сурууго эмне жетсин. Отротдогу болбогон кызганычтуу айбанчылык мунозунду коргозуп аялына гана эмес балдарына кол тийгизишин бул эркектин жеткен акмакчылыгы. Кызгануу керек бирок кандай кезде? Ортонордо ыссык сыйлашуу мамиле болсо аял затынан терс мамилени кутпойсунго деп ойлойм. Байкуш балдарында эмне куноо?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   malika14   01 Август 2015 - 17:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Kudai saktasin mindaidan .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   mega777   02 Август 2015 - 02:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Акыркы учурда турмуш кургандан кийин бат эле ажырашып эки башка жолго түшкөн түгөйлөрдүн саны арбын болууда. Ал эми төмөнкү 10 эрежени колдонуу жолу менен үй-бүлөлүк бакытты түбөлүккө сактоого мүмкүнчүлүк бар.

1-ЭРЕЖЕ: Талашып-тартышууга жол бербөө

Бир нерсени талкуулоодо сиздин оюңуз туура, 100 пайыз чындыкка жакын болгон шартта да түгөйүңүз өз оюн бербей таңууласа макул болуп койгонуңуз оң. Себеби үй-бүлөдөгү «меники туура» деген талашып-тартышуудан билинбей олтуруп ортодо чоң ажырым жаралат. Жыйынтыгында сиздин акыл-сезимиңиз сүйүктүү адамыңыздын ордуна, сизге каршылаш, чоочун, жагымсыз адамды сезе баштайт. Сизге мунун кереги барбы? Андыктан «сеники туура, сүйүктүүм» деген бир сөз менен ортодогу мамилени сактай аласыз.

2-ЭРЕЖЕ: Кырдаалга баш ийүү

Көпчүлүк түгөйлөр үй-бүлө кургандан баштап «бул нерсе сөзсүз болушу керек» деген принципти карманышат. Мисалы, сөзсүз үйлөнүү тоюн өткөрүп, бал айында бир жакка барып эс алып, бардык шарты бар үйдө жашоо деген сыяктуу. Бул эки түгөйдүн тең кыялы болгону менен ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңип көп учурда күткөн нерселер оңойчулук менен ишке аша бербейт. Андыктан бири-бириңиздерди сүйүп, урматтап, үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн ар кандай кырдаалга баш ийсеңиздер, биргеликте көп нерсеге жете аласыздар.

3-ЭРЕЖЕ: Түгөйдүн көңүлүнө кароо

Эгерде сизди каалооңуз жок нерсеге мажбурласа, үй-бүлөнүн тынчтыгы үчүн ал нерсеге көңүлүңүздү келтирип акырын эле ишке ашырып коюңуз. Мисалы, сизге жакпаган жерге конокко ээрчитип барса, же сизге жакпаган дос-курбуларын конок кылууга туура келсе, ал жерде өзүңүздүн терс кыялдарыңызды көрсөтүп, “экинчи мага таңуулабасын” деп тескери мамиле жасоо туура эмес. Мындай аракет сизге тескери таасир гана тийгизет. Ошондой эле өзүңүзгө карата жакшы сөздүн ордуна кыжырды келтирген жагдай түзүп аласыз.

4-ЭРЕЖЕ: Түгөйдү мактоо

Мырзалар жубайы жасаган тамак даамдуу эмес, же болбосо күндө жеп жүргөн тамак болсо да тамшанып, мактап жеп, ыраазы болуп, көңүлүн көтөрүп коюулары керек. Сиз да түгөйүңүз жумуштан чарчап келгенде жакшы маанай менен тосуп алып, анын үй-бүлөгө камкор адам экенин, үй-бүлөсүн бардык жактан камсыздап жатканын айтып мактап турууну унутпаңыз. Ар дайым «сен мыктысың» деген сөздү айтууну адатка айлантыңыз. Мактоодон түгөйүңүздүн сизге болгон сезими дагы да бекемделет. Үй-бүлөдө бирин-бири мактап, колдоо жубайларды көптөгөн жагымдуу эрдиктерди жасоого үндөйт. Сизге эрдиңизди кыймылдатып коюу кыйынчылык туудурбаса керек.



5- ЭРЕЖЕ: Азыраак суранып, көбүрөөк колдоо көрсөтүү

Бойдок адам оюна эмне келсе, ошону кыла алат. Ал эми үй-бүлөлүү адамда андай эркиндик жок. Кээде бири-биринен сурануудан, талап кылуудан, бири-бирине буйрук берүүдөн тажаган учурлар болот. Ошондуктан азыраак суранып, талап кылууну колдоо көрсөтүүгө алмаштыра билүү керек. Колдон келсе сүйүктүүңүздүн каалоосу оозунан чыга электе эле аны аткарууга аракет жасаңыз. Үй-бүлөдө «суранса жасайм» деген мамиле азыраак болсо, стресс да азыраак болот.

6-ЭРЕЖЕ: Эч убакта кыйкырбоо

Кыйкырык – коркунуч жана агрессия чакыруучу эмоциялык кыймыл. Үй-бүлөдө түгөйлөр арасында кыйкырык эмес, жылуу-жумшак аяр мамиле, ишеним, сүйүү гана өкүм сүргөнү жакшы. Ал эми кыйкырыктан ортодогу сезимдер гана муздайт. Түгөйүңүз сизге кыйкырып сүйлөп жатса да акырын, жумшак жооп берүүгө аракет кылыңыз. Мындай мамиле менен сиз ата-энеси кыйкырып, бакырып сүйлөшкөн үй-бүлөдө чоңойгон жубайыңызды да өзүңүздүн эрежеңизге үйрөтө аласыз.

7- ЭРЕЖЕ: Ар дайым бакытты сезүү

Жумушуңузда кыйынчылыктар болуп маанайыңыз канчалык жок болсо да түгөйүңүзгө катуу сүйлөп көңүлүн чөгөрбөңүз. Жөн гана маанайыңыз чөгүп турганын, ага анын эч кандай тиешеси жок экенин, ал сиздин жашооңуздагы эң керектүү адам экенин айтып көңүлүн жубатыңыз. Анткени ал сиздин бактыңыз экенине толук ишенгиси келет. Сиз өзүңүздү да «бактылуумун» деп айтып жылмайсаңыз, маанайыңыз канчалык чөгүп турса да көтөрүлө түшөт. Анткени сөздөр менен кыймыл-аракетибиз, ичибиздеги сезимдерди гана билдирбестен, аны башкарып да турат.


8-ЭРЕЖЕ: Түгөйдүн жакшылыгын арттыруу

Көп учурда түгөйүңүздү «жакшы» деп айтуудан тартынасыз. Бул туура эмес. Сиз түгөйүңүздүн жаман жактарын айтуу менен башкаларда “жолу жок бир байкуш менен жашап жатат” деген гана ой калтырасыз. Ал эми түгөйүңүздү мактоо менен сыйга ээ болосуз. Үй-бүлөдөгү терс көрүнүштөрдү эң жакын адамың менен гана бөлүшүүгө болот. Ошондо да этиеттик менен. Биз кандай адам болсок да жаныбызда курчап турган адамдар айткандай баага татыктуубуз. Ошондуктан башкалардын алдында түгөйүбүздү акылсыз, келесоо көрсөтпөй, акыл-эстүү, мээримдүү адам менен жашап жаткандай көрсөтүшүбүз керек.

9-ЭРЕЖЕ: Башкалардын жанында түгөйгө жакшы мамиле кылуу

Башкалардын жанында түгөйүңүзгө күлүп сүйлөп, жылуу сөздөрдү айтып, колдоп туруу - эң туура жүрүм-турум. Көпчүлүк учурда түгөйүңүз жакшы сөздөн да жакшы мамилени күтөт. Көпчүлүк алдында түгөйүңүзгө болгон тартылуу, сый мамиле үй-бүлөгө болгон ишенимди гана жаратат. Ал эми бири-бирине көз карандысыз, көңүл кош түгөйлөр сырттан караган адамды иренжитет.

10-ЭРЕЖЕ: Түгөйдөн сыр катпоо

Түгөйүңүздүн чөнтөк телефонун чукулап текшерип же социалдык баракчаларына кирип кызыгуунун сизге пайдасы жок. Мындай кыймыл-аракетиңиз менен түгөйүңүзгө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, тескерисинче, анын кыжырын келтиресиз. Андан көрө «аз билсең, тынч уктайсың» деген приципти карманып түгөйүңүзгө дайыма ишеним көрсөтүү менен гана жашасаңыз, ал сизди алдабайт. Ошол эле маалда сиз андан катынып, жашырына бербеңиз.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   orhideya   02 Август 2015 - 10:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Мега эже ыраазычылык. Сонун кенештер экен. Акылыбыздын тупку теренине сактап алчуудайбыз. :достор:
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   Enesai   02 Август 2015 - 10:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 544
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 23 Сен 2016 20:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Энесай

"Урушбаш керек,аял киши тилин тыйыш керек"-деп айтып коюш оной...
Таптакыр уруш талашсыз жашоо болооруна ишенбейм.Урушбай жашаш учун же эркегин додой(подкаблучник), же аялын сойругуроок болуш керек.Акыл эстуу адам дайыма чогуу жашаган жубайындын туура эмес кылык-жоругун, же созун угуп унчукбай макул болуу (талашып-тартышбай эле)кимдин колунан келет,билбейм. А каталык кетирбеген, кемчиликсиз адам болбосо керек.Уруш зериккенден чыкпайт,маанилуу маселени чечуудо талашкандан чыгат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   asia_29   03 Август 2015 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 08 Окт 2015 00:40
  • Калаасы:Ордолуу Ош!!!

Просмотр сообщения Enesai (02 Август 2015 - 04:41) жазган:

"Урушбаш керек,аял киши тилин тыйыш керек"-деп айтып коюш оной...
Таптакыр уруш талашсыз жашоо болооруна ишенбейм.Урушбай жашаш учун же эркегин додой(подкаблучник), же аялын сойругуроок болуш керек.Акыл эстуу адам дайыма чогуу жашаган жубайындын туура эмес кылык-жоругун, же созун угуп унчукбай макул болуу (талашып-тартышбай эле)кимдин колунан келет,билбейм. А каталык кетирбеген, кемчиликсиз адам болбосо керек.Уруш зериккенден чыкпайт,маанилуу маселени чечуудо талашкандан чыгат.

+5
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Begimkyz.   05 Август 2015 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Эркектен көз каранды үй-бүлөөдөгү уруш-талаш. Жолдошуң зыңкыйып, ашыкча сүйлөтпөй турса кайсы уруш жаралсын? Аял да ордуну билип эркектен бир тепкич ылдый жүрсө жакшы. Тилим бар деп эле сайрай берген да болбойт.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   Gulnazz93   05 Август 2015 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Акыркы мезгилде ажырашып кетти деген соз аябай кобойду кече бир аяшыбыз аялы менен ажырашып кетти 2 кызы менен. ..Кудай сакта



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   Meka77   05 Август 2015 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 124
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2021 12:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучить 5 раз Азан

Азыркы кундо чон адамдардын оюну болуп калды уйлонуп ажырашуу.Женил ойлуулук менен курулган уй-булоолор, тез эле урап баратат.Чон муундарыбыз жаштарга турмуш жонундо тушунукту жакшы жеткирип,тушундуруп бере албай аткандыгындабы же жаштарыбыз эрте жетилип баратабы?Тушунбойсун. Эптеп эле уйлонуп алышса проблема кууп жетпегидей элестетишип. Андан аркысын женил желпи ойлошуп бироонун чырактай,кара чечекейин алаарга алып алышып эптеп жашап кеткени бар,жашай албай ара жолдо калганы бар.Суйгону таштап кетишсе сен болбосон башкасы деп очошуп озу таанып,билбеген бироону артынан коруп койдой кылып басып ала качышат да,озуно келгенде жашагысы келбей калат.Илгээри энелерибиз 13 14 жаштан куйоого аттанышкан экеен деп журуп,ошол кезек алдыбызга келгени калды.Адамдардан адамдык сапаттар жоголуп,кунумдук жашоону энсегендер кобойду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   windom   05 Август 2015 - 20:04

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 03 Январь 15
  • Соңку аракети: 20 Июн 2025 18:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шылдырап аккан тунук булак боюндагы боз уй

Уй-булоодо уруш-талаштын, ажырашуунун коп болуп жатканынын бирден бир негизги себеби бул сабырсыздык деп билем. Азыркы уезде баарыбызга эле маалым болгондой уй-булоодо кичинекей тушунбостук болсо аялы кетем деп чыкса,куйоосу озунун "эрдигин" корсотуп токмоктоп кирет же кетирем деп баштайт..Эгер эч болбосо экоонун бироондо сабыр болсо ошол жагдайдан женилирээк чыгып кетмек..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   anya   19 Январь 2016 - 21:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Турмушта уруш бул тугойлор бири-бирин жек кору эмес, бири-бирин туура тушунуу, турмуштагы сынды которо билуу, бири-бирине эриш аркак болуу .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   Tomega   22 Январь 2016 - 11:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 313
  • Катталган: 29 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 22:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Бара-бара урушкандан да зээригип калат экенсин.Ашыкча нервинди кетиргин келбей.Бул темада кийин суйлошолучу деп ошону менен унутулат.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   love2016kg   22 Январь 2016 - 11:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 06:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

bekerinen turmuw debeytda. turmuwtun turuwu muw .. akylduu adamdardyn arasyndada uruw talash b.t
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Mediziner   22 Январь 2016 - 20:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жубайлардын ортосундагы уруш дүйнөлүк согуштагыдай болбош керек, согушта кайсы тарап утса ошол жак душманын жеңгени үчүн кубанат. А аял менен эркек ортосундагы урушта кайсыл тарап жеңип чыкса да, жеңиши менен катар өз сүйүктүүсүнүн көңүлүн оорута турганын да түшүнүп жетиши керек.
Ошондуктан да уруш чыгып жаткан убакта "Мага ушул тартышуудагы жеңиш керекпи же бактылуу жашообу?" деп өзүңүздөргө суроо берип көрүңүздөр. ..

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 22 Январь 2016 - 20:09

Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   24 Январь 2016 - 03:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Хехехее азыркы абалыбыздан сөз сала кетейинчи. Өзүм баштайм :tongue: , ал таңыркап карап коёт :батан: . Ортого жеткирем :94: , жылмайып отурат мени карап :) . Өзүмөн өзүм ыйлап аягына чыгарам :cray: , ал болсо "эй, сага не болду, асман үзүлүп жерге түштүбү " деп каткырып күлөт :D . Ушинтишип калганбыз :crazy-girl: .
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: