Баштан өткөн коркунучтуу окуялар Уйунуздо коркунучтуу нерселер болгонбу??
#82 12 Январь 2015 - 22:15
Бөбөгүм:
1-күн.
Апам ооруканада, себеби ал жакында төрөйт. Мен апама тамак жасап бергим келди, бирок менин досум тамак жасоо - бул кыздардын иши деп койду.
2-күн.
Бүгүн мен апама жашылчалардан жана эттен сорпо жасап, ооруканага алып келдим. Апам менин сорпомду абдан жактырды.
3-күн.
Бүгүн апам менин кичинекей карындашым менен келди, ал абдан сүйкүмдүү, назик, сулуу болгондуктан мен аны менен ойноюн десем апам ойногонго уруксаат бербей койгону өкүнүчтүү болду. А баса менин карындашымдын аты - Каори.
4-күн.
Бүгүн атам жумуштан эрте келди. Эрте келгендиктен мени менен ойнойт го десем, бөлмөңдө өзүң ойной тур деп, өзү болсо Каорини эркелетти, ойнотту, а мени унутуп койду.
5-күн.
Бүгүн үйгө чоң атам жана чоң апамдар келишти. Алар мага дайыма жомок окуп беришчү, ал эми бүгүн болсо алар мени бөлмөмө калтырып, унутуп коюшту. Атам менен апамдын: "Каори ушунчалык сулуу, аны жегим эле келип жатат," - деген сөздөрү бөлмөмө чейин угулуп турду.
6-күн.
Бүгүн кечке эч ким үйдө жок болгондуктан, өзүм сорпо бышырдым. Жашылчаларды оңой эле туурап, сууга салдым, ал эми этти кечке туурап эсим ооду, бирок баары бир туурадым! Атам, апам, чоң атам, чоң энемдерге сорпо абдан жакты көрүнөт, бирок кечки тамактан кийин алар, '' Каори!, Каори!'' - деп Каорини издеп жүрүштү. "Ал кайда кетти болду экен?" - деп. Атам менен апам Каорини жегиси келип жатышпады беле?
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 22:15
#83 12 Январь 2015 - 22:27
#84 12 Январь 2015 - 22:40
#85 12 Январь 2015 - 22:47
#86 12 Январь 2015 - 22:54
#87 12 Январь 2015 - 23:00
#88 12 Январь 2015 - 23:34
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 12 Январь 2015 - 23:35
#89 12 Январь 2015 - 23:34
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat8427: 12 Январь 2015 - 23:36
#90 13 Январь 2015 - 17:16
Бир жолу кыштын ызгаардуу түндөрүнүн биринде, бир он алты жаштагы кыз үйдө телевизор көрүп олтурган эле. Анын ата-энеси досторунукуна майрамдап кетишкен болчу. Эртеден кечке калың кар жааганына карабастан, кичинекей кыз конок тосчу бөлмөдө жылуу жуурканга оронуп алып, диванда өзүн жакшы эле сезип олтурду. Түн жарымы болуп калганда да ата-энеси келе элек болчу. Кыз бир аз тынчсыздана баштады. "Өзүңө өзүң кам көрүп олтура албайсыңбы? " - деп айтышпасын деп, телефон чалгысы келген жок. Телевизор бөлмөнүн бурчунда чоң терезенин жанында турган. Капысынан көзүнүн кыры менен кыймылдап жаткан бир нерсени терезеден байкап калганда, ал кезектеги тасманы көрүп олтурган. Караңгыда себелеген кардын арасынан өзү тарапка басып келе жаткан эркектин сөлөкөтүн ажыратты. Ал жакындаганда жүзүндөгү шрамдар менен коркунучтуу жылмаюусун көрүп калды. Кийин терезеге дагы бир аз жакындаганда чочуган кыз ордунда катыган боюнча туруп калды. Киши да ордунда карап тура берди. Анан ал дароо тонунун чөнтөгүнө колун салды да бир нерсени алып чыкты. Ал бычак болчу...
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 13 Январь 2015 - 17:17
#91 13 Январь 2015 - 17:28
Бир үй-бүлө айылда жашашчу экен жана ал үйдө жыландын уясы болот экен. Жыландар кадимкидей жаткан бөлмөлөрдүн ичине чейин кирип барчу экен. Анан ал үйдүн ээси ал жыландарды өлтүрө баштайт. Баарын кырып таштаптыр. Бир жыландын чоңу калып калыптыр, аны эч колго түшүрө албай коюптур. Анан ал үйдүн ээлери үйүн сатып, шаарга көчүп келишет. Жүктөрүн машинага жүктөсө баягы жылан машинанын дөңгөлөгүнө оролуп шаардагы үйлөрүнө чогуу келиптир. Аны эч кимиси көрбөптүр. Бир күнү ваннадан ошол жыланды көрүп калат. Кууп айдаса канализацияга кирип кетиптир. Акыры айласын таппай көзү ачыкка барат. Көзү ачык мындай дейт экен: "Ээн талаага барасын, жети нан алып бир казан кошуп аласын, казанды башыңа коёсун, жети нанды ичине саласың, андан аркысын өзүң көрөсүң," - дейт экен. Азыр ошол киши сүйлөбөйт, бирок жыландан биротоло кутулган экен.
#92 13 Январь 2015 - 17:50
#93 13 Январь 2015 - 17:59
#94 13 Январь 2015 - 18:57
Акыркы убактары зээригип кетип досторума коркунучтуу каттарды жазып баштадым. Статустарга да арбактар тууралуу жазып баштадым. Алар ишендиби, жокпу айтор кабарым болбоду. Кээ бирлери каткырган быйтыкчаларды мага жооп катары жиберип жатты. Бир күнү түшкө жакын уктап кетиптирмин. Түшүмдө абдан сулуу кызды артынан көрдүм. Аны менен таанышкым келип артынан бараттым. Түшүм экенин билип турсам да, өңүмдө болуп жаткандай туюлду. Аңгыча болбой анын колдорунан кармап, ээми сөзгө тарта баштаганда жүзү жок сөөк беттерин көрүп, көкүрөгүмдөн жүрөгүм сыртка атып чыккандай коркуп кеттим! Бакырып тура калсам түшүм экен. Ваннага кирип бетимди муздак сууга бир чапчынып алып, каткырып күлө баштадым. Айтор эмнеге күлүп жатканымды өзүм да билбейм... түшүм болгонуна кубансам керек. Телефонумду алып интернеттен досума жазып жаттым: "Дос короче түшүмдө ужас кыз көрдүм, кызыл көйнөкчөн эмес, ак көйнөкчөн эле, бирок жүзү жок экен," - деп. Ал болсо мындай окуяларыңды башка жазбачы... коркутуп кишини деп мени кагып салды. Унчукпай, мага ушунун баарынын не кереги бар эле...? - деп ойлонуп калдым. Ошол күнү кечке ойлонуп жүрдүм. Ал кыздын жүзү эсимден кетпеди. Көңүлүм жайсыз... Эээ... Түшкө кире берет да, балким тиги каттарымдан калдыктыр деп ойлоп маани бербегенге күчүмдү жумшап жаттым. Кечинде үйгө келип ваннанын ичин сууга толтуруп, жатып алдым. Бирде үстүмөн агып жаткан суу сары түскө боёлуп агымы улам күчөй баштады, кранды өчүргөн сайын суу токтобой муздак боло баштаганда эсимди жоготуп коюптурмун. Бирде көзүмдү ачсам, баары жайында. Ваннадан жерге түшүп калыптырмын. Суунун тамчылаганы тып-тып деп угулуп жатты. Силерге жалган мага чын ордумдан турсам, жанагы кыз суунун ичинде тамеки тартып жатыптыр. Болгон күчүмдү жыйнап сыртка качып жөнөдүм. Бирок ал мага тийбеди, эркек-аял үнү аралашкан кач, кач көрөм каяка чейин барасын? - деп каткырып күлгөнү бир гана бөлмөнүн ичин эмес, ошол мен жашаган домду жаңыртып жатты. Жылаңач подъездке чыгып, эшиктин астынан көчөгө чыкканга кебетемден уялып эркектик намыс жол бербей үйгө кайра киргенге бел буудум.
Эшиктен тыңшап турдум... Бир үн чыкпады, үйдүн ичи тым-тырс, бир жан жок... Акырын өзүмдүн бөлмөмө кирип, кийимдеримди алып качканга ашыгып жаттым. Бирде шалдырап, бирде шашып баратып кийимдериме жетип, эми алып тынч туруп калдым. Мени бирөө карап тургандай сезилип жатты, бирок үйдө эч ким жок эле... Коркунуч денемди бийлеп кирди, шаша-буша кийинип сыртка атырылып жөнөдүм. Бирок эч ким мага тоскоол болгон жок. Досумдун үйү жакын болгондуктан анын үйүнө түнөөнү ойлоп бараттым. Ал да таң калычтуу кабыл алды. Баарын укканда: "Өзү сен жинди болуп калгансың, ошого окшогондорду неге жаза бересиң? Жаш баланын ишин кылып жатып ушундай болдуң," - деп мени кызыктай карап отурду да, же бул да тамашабы? - деп ишенбегенсип сурады. Жок-жок неге тамаша болсун? Эгер тамаша болсо мен сага чачымды тик тургузуп чуркап келмек белем? - деп капа болуп алдым. "Мейли эмне болсо да башка көрүнбөсүнчү ошол," - деп кофе жасап ичип олтурдук. Буркуратып тамекини тартып терезеге караганга алым жок олтурдум. Уктагым жок, уктагандан да коркуп турдум.
...Көзүм илинип кетиптир, түшүмдө апапакай ат менен жүзүн мага көрсөтпөй ары-бери ойноп жүрүптүр... Коркуу сезим пайда болуп эмне кылаарымды билбей качып жөнөгөнүмдө, бетиме чапкалып кирди, ойгонуп кетсем, досум бетиме уруп жатыптыр. -Турбайсыңбы? Кыйналып жатасың, - деп. - Дагы ошол кыз! - деп катып башымды мыкчып отуруп калдым. Эртеси болбойт бас деп мени мечитке алып барып дем салдырып келди. Өз үйүмө барбай калдым, коркуп жүрдүм барганга. Телефонума чалуу келе баштады, карсам апам чалып жатыптыр. Алып жооп берейин десем, чыркырап ыйлаган баланын үнү, ары жакта ыйламсыраган апам, "Балам келбейсиңби? Балаңды кантип таштап кеттиң балам, балаам!" - деп жатты. Дүйнөм омкорулуп, үшүмдү жоготтум! Кайдагы бала? Мен үйлөнбөгөнгө деп отуруп калдым. Досумдан сурандым, чалып билчи менин абалымды айтпа деп сурандым. Ал чалып баары жакшы, сүйлөштүм деп кубандырды. Арадан күндөр өттү, тиги көрүнүш ошону менен кайталанбады. Бир күн кой эми өз үйүмө барайын, башка салганын көрөбүз деп, баскысы келбеген буттарымды сүйрөп бараттым. Эртең менен саат 9 дар чамасы үйгө кирдим. Башкача сезим болгон жок. Бөлмөлөрдү карап чыкканга баары бир корктум, конок тоскон болмодо тамеки тартып, бир топко чейин телевизор көрүп олтуруп, бир нерсенин өзгөргөнүн сездим. Терезе тарапты карсам караңгы кирип кетиптир. Саатымды карасам бир саат боло элек. 11 лер чамасы кошуна бөлмөдө ызылдаган үндөр. Балдар сөгүнүп, бир кыздын ыйлаган үндөрү угулду, селейип отуруп калдым. Эмне кылышты билбейт элем... Өлүм деген ушундай экен да деп ойлогуча болбой менин бөлмөмө тиги кызды балдар сүйрөп алып кирип, зордуктап жатышты. Ал кыз ыйлаган, жалынган... Мен болду кылгыла! - деп бакырганым менен алар мени карап да койгон жок. Чамасы мени көрбөсө керек. Көңүл ачып болгон соң, бирөөсү сумкасынан бир бөтөлкөнү алып чыгып, кыздын бетине чачып жиберди. Ошондогу кыйкырыкты укканда үшүм кетип отуруп калдым. Кызды аяп турдум, жигиттер тепкилеп салып кимге барсаң, ошого бар деп чыгып кетишти...
Көпкө олтурдум... Жанагы ызылдагандар мага эмнеге көрүндү, түшүнбөдүм. .. Үйдүн ичи башкача болуп, сырттан чымчыктардын сайраганы, машиненин жүргөнү угулуп, эч нерсе болбогон түр көрсөтүп турду. Сыртка зомби адамга окшоп чыктым да, досума бардым. Ал бир топко ойлонуп олтуруп, сени кайтарма кылдырып окутуш керек деп, тааныштарынын телефон номерлерин издеп баштады. Көп өтпөй бир эже менен сүйлөштү да, мени ээрчитип бир районго алып барды. Башына кызыктай жоолук салынган аялдын алдында олтурдук. Мени карап коюп өзүнчө бир нерселерди шыбырап окуп жатты. Көпкө унчукпай олтуруп, ушунчалык да маркумдарга кызыктың беле? Арттырган экенсиң балээни деп, түкүрүнүп койду да, үйүңдү тазала. Баарын чакырып алгансың, - деп сыртка чыгып кетти. Кантип тазалайм деп ойлонуп олтурсам, бир пакетке ысырык, дагы бир чөптөрдү алып келиптир. Ошолорго байланыштуу эч нерсе калбасын, - деп мени жаман карап койду. Үйгө келдик. Досумду ээрчите келдим. Экөөбүз үйдүн ичин карап чыгып, бир тааныш кызым бар эле... үйүмдү жыйнап берүүсүн өтүнүп, ал жыйнагандын эртеси күнү ысырыкты түтөтүп, анын эртеси да чөптөрдү түтөтүп, интернеттен алар жөнүндө жазгандарымды да бүт өчүрүп салдым. Коркконумдан башка көрүнбөөсүн ниеттенип, сүрөөлөрдү жаттап намазга даярдык көрүп жүрдүм. Айтор түрдүү гүлдөрдү алып келип үйгө толтурдум. Ал гүлдөр менен мен кызды ыраазы кылгым келип турду. Гүлдөрдү карап суу куйган сайын кызга куран окуп жүрдүм. Эч нерсе жок тып-тынч күндөр өтүп жүрдү. Толук бир жылдан соң, суп-сулуу келинчектүү болдум. Бактылуу болуп жашап жүрөбүз.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 13 Январь 2015 - 19:17
#96 13 Январь 2015 - 19:37
Былтыр жайында түн жарым ченде күйөөм экөөбүз чогуу уйкуда элек. Эшик шарт ачылып, кайра жабылганынан чоочуп ойгонуп кеттим. Жанымда жаткан күйөөм жок. Ошол замат жаман ой кетти: "Жеңелеринин бирине ниети бузулдубу?" - деп. Кызганыч менен ыргып туруп, терезеден аны карадым. Күйөөм көйнөк-дамбалчан кетменин көтөрүп алып огороддун башына чуркап баратат! "Буга жин тийдиби?" - деп, ичимден сызып отурдум. Бир маалда үйгө келди да, кетменин ары ыргытып: "Ой жүзү кара, бетбак! Амалданып азгырганын карачы!" - деп сүйлөнүп, мени бир тиктеп алып, төшөккө жыгылды. - Не болуп кетти сага? - Азыткы азгырды. Кудум сен болуп алып! Үнүңдүн окшошучу! Сырттан кыйкырды: "Оо Алым, тез чык, огородду суу каптап баратат!" -деп. Анан сен экен деп чуркап чыкпадымбы, кетменимди сүйрөп. Бир карасам, огороддун тиги башында турупсуң. Алдагы ак көйнөгүңдү желпилдетип. Чуркап баратсам: "Каякка баратасың, бул жакка кел!" - дедиң. Чала көргөн экенмин деп ошол жакка чуркабадымбы. Энтеңдеп жетип барсам, эч ким жок. Ошондо гана албарстыга азгырылып баратканымды сезип, өзүмө келип, үйгө келбедимби! - деп уктап кетти. Мен коркуп, араң таң атырдым. Эртең менен айтсам эч нерсе билбейм десе, андан бетер коркуп жүрдүм.
#97 13 Январь 2015 - 19:46
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#98 13 Январь 2015 - 20:16
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#99 13 Январь 2015 - 20:18
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.