Суперстан: Тороттон кийинки тамактануу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тороттон кийинки тамактануу Эмнелерди жесе болот, эмнелер болбойт?

#21 Пользователь офлайн   eldar96   25 Май 2015 - 14:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Төрөттөн кийинки депрессия.

Түшүнүү менен мамиле кылуу

Деги эмне эле болуп атам? Төрөгөн балам жакшынакай, дени-башы соо. Анан эмнеге сүйүнүп, сыймыктангандын ордуна, көңүлүм чөгүп, өзүмдү коёрго жер таппайм, туталанып, ачууланам. Эне болуу колуман келбейби? Мынчалык эмне көңүлүм караңгылайт?

ТӨРӨТТӨН кийин силер да, балким, ушундай абалда болуп жүргөндүрсүңөр. Мындайды башынан өткөргөндөр аз эмес: айрым эсептөөлөр боюнча, төрөгөн аялдардын 70—80 пайызы ошондой абалда болушат. Төрөттөн кийинки депрессия деген эмне жана аны кандай себептер чакырат? Аны менен кантип күрөшүүгө болот? Ага чалдыккан аялдарга айланадагылар кандай жардам көрсөтө алышат?

Белгилери

Төрөттөн кийинки депрессия деп аялдын төрөттөн кийинки көңүл чөгүүсүн, маанайы пас абалын аташат. Андай абалга аял, төрөлгөн баласы канчанчысы болбосун, дуушар болушу ыктымал. Кээде ага боюнан түшүп калган же бойдон алдырган аялдар да чалдыгат. АКШнын Саламаттык сактоо жана калкты тейлөө министрлигинин Аялдар денсоолугуна кам көрүү кызматынын билдирүүсү боюнча, депрессия ар кандайча өтүшү ыктымал.

Төрөттөн кийин көптөгөн аялдар бир аз бук болуу, тынчсыздануу, туталануу, маанайдын өзгөрмөлүүлүгү, чарчаңкы тартуу менен мүнөздөлгөн гипотимияга же көңүл чөгөттүккө кабылышат. Мындай абал өтө узакка созулбаса, кооптуу эмес жана медициналык кийлигишүүсүз эле, баланын төрөлүшүнөн он күнчө өткөндө, өзү жок болуп кетет.

Бирок Америка акушерлер жана гинекологдор коллежинин эсеби боюнча, төрөгөн ар бир он аялдын биринин андай абалы бир нече күнгө же айга чейин созулуп кетет. Ал төрөттөн кийинки депрессияга өтүп, көңүл чөгөттүк, тынчсыздануу жана үмүтсүздүк сезимдерин пайда кылгандыктан, аял күнүмдүк жөнөкөй милдеттерин да аткара албай калышы мүмкүн.

Ошондой эле төрөгөн миң аялдын эки-үчөө депрессиянын өтүшүп кеткен түрүнө — галлюцинациялар жана жөөлүү менен коштолуучу төрөттөн кийинки психозго — дуушар болушат. Аял өзүнө же баласына зыян келтирүүнү ойлой бериши мүмкүн. Андайда аялга тезинен медициналык жардам көрсөтүлүүгө тийиш*.

Себептери

Төрөттөн кийинки депрессиянын эмне себептен пайда болорун анык айтуу кыйын. Анын өрчүшүнө эмоциялар менен организмде жүрүүчү физиологиялык өзгөрүүлөр себеп болот көрүнөт. Андай физиологиялык өзгөрүүлөрдүн бири — төрөттөн кийинки 24—48 сааттын ичинде эстроген менен прогестерон гормондорунун деңгээлинин кошбойлуулук маалына чейинки деңгээлинен кескин төмөндөп кетиши. Натыйжада, организмде чукул өзгөрүүлөр жүрүп, айыз келердин алдындагы маалдагыдай кыжырдануу жана маанайдын өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон депрессиянын өрчүшүнө алып келет. Төрөттөн кийин калкан безинин гормондорунун да деңгээли төмөндөйт. Бул депрессияга мүнөздүү абалды пайда кылышы мүмкүн. Жогорудагы айтылгандардын баарын эске алып, окумуштуулар төрөттөн кийинки депрессияны «биохимиялык жана гормондук баланстын бузулушу» деп аташат.

Бир медициналык бюллетенде төрөттөн кийинки депрессия кээде туура эмес тамактануудан, мисалы, В тобундагы витаминдердин жетишсиздигинен пайда болот деген божомолдоо айтылат.

Чарчап-чаалыгуу жана аз уктоо да депрессиянын өрчүшүнө шарт түзөт. «Төрөттөн кийин аял алсырап, уйкудан көп калгандыктан, кыйынчылыктарга ашыкча маани бере башташы мүмкүн. Айрымдар төрөгөнгө чейин жетиштүү уктап, көңүлү жайдары болуп турганда оңой эле жасап жүргөн иштерин төрөттөн кийин жасоого алы жетпегенин сезип капаланышат», — дейт АКШдагы Миннесота штатындагы Мейо клиникасынын дабагери Стивен Альтшулер. Депрессияны күтүүсүздөн кошбойлуу болуу, ара төрөө, мурунку эркиндигинен ажыроо, келбетин ойлоп тынчсыздануу, жакындарынан тийиштүү колдоо көрбөө сыяктуу жагдайлардан улам пайда болуучу эмоциялар да күчөтүшү мүмкүн.

Эне деген бала бакканды дээринен эле билет, баласын төрөөрү менен жакшы көрөт, бала тынчыңды албайт, жакшы эне баарын жай-жайы менен жасай билет деген сыяктуу дээрлик кеңири таралган жаңылыш ой-пикирлерден улам да аялдын көңүлү чөгүп, өзүн колунан эч нерсе келбегендей сезиши мүмкүн. Бирок андай ой-пикирлер көбүнесе жашоонун чындыгынан алыс болуп чыгат. Эне бала багууга акырындык менен үйрөнөт, чүрпөсүн бара-бара жакшы көрө баштайт. Айрым балдар тынчыраак болсо, башкалары чыр келет. Энелик милдетин кынтыксыз аткарган жеткилең эне да жок.

Түшүнүү менен мамиле кылуу

Төрөттөн кийинки депрессияга жакындан бери эле олуттуу көңүл бурула баштады. Профессор Лоренс Крукман мындай дейт: «Аялдардын психикасынын жабыркашы мурунтан анчейин назарга алынбагандыктан, истериялык абалдын түрү катары каралып, ага көп көңүл буруунун зарылдыгы жок деп эсептелчү. Америка психиатриялык ассоциациясынын диагностикалык колдонмосунда төрөттөн кийинки депрессия тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Ошондуктан ал жөнүндө врачтар тийиштүү билимге да, ишеничтүү маалыматка да ээ эмес... Анын үстүнө, 30 жыл мурун жагдай башкача болчу. Азыр аялдар көбүнчө төрөтканадан төрөгөнүнүн эртеси эле үйүнө чыгарылышат. Ал эми төрөттөн кийинки психоз, депрессия жана көңүл чөгөттүктөр болсо көбүнесе бала төрөлгөндөн кийинки 3—14-күнү, башкача айтканда, туура диагноз коюп берер адистердин карамагынан чыккан кезде билинет».

Мэриленд штатынын түндүк округундагы Балтимор психиаторлор ассоциациясынын дабагери Кэрол Уоткинздин ою боюнча, бул ооруну аныктап, дарылабаса, ал өнөкөт түргө өтүп кетип, эненин балага болгон ылымын өрчүтүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Депрессияга чалдыккан аялдар кээде баласына көңүл бурушпайт же ачуусу менен кол көтөрүп да жиберишет. Бул болсо баланын акыл-эс жана эмоциялык жактан өрчүшүнө доо кетириши ыктымал.

Мисалы, бир медициналык журналда маалымдалгандар боюнча, энеси депрессияга чалдыккан балдардын акыл-эсинин өрчүшүн текшергенде башкалардыкына салыштырмалуу жайыраак болору көрүнгөн («American Family Physician»). Аялдын депрессиянын мындай түрүнө чалдыгышы анын башка балдарына да, жолдошуна да терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Дарылоо

Мындай депрессия менен кантип күрөшсө болот? Же чыдагандан башка айла жокпу? Бактыга жараша, төрөттөн кийинки депрессия убактылуу, дарыласа болорлук дарт экени билинди* . Анын жеңил түрү менен күрөшүүдө жакшылап эс алуу, жакындарынын жөлөк-таягы жетиштүү болушу мүмкүн. А бирок ал аялдын күнүмдүк иштерди аткара албай калышына алып келсе, Аялдар денсоолугуна кам көрүү кызматы белгилегендей, медициналык жардам алыш керек.

Депрессия менен күрөшүүнүн кеңири колдонулган жолдору — антидепрессанттарды *кабыл алуу, психолог менен маектешүү, гормонотерапиядан өтүү же олуттуулугунажараша бир мезгилде бир нече ыкмаларды чогуу колдонуу. Төрөттөн кийинки психикалык абалды жакшыртууга «бөрсө ыкмасы» да жардам бериши мүмкүн*. Булардан тышкары, чөп, ийне же гомеопатия менен дарылануу жолдору да бар.

Депрессия менен күрөшүүдө айрым нерселер жеке өзүңөрдөн көзкаранды. Жеген тамагыңарга жашылча-жемиш, дан өсүмдүктөрү кирсин. Кофеин, спирт ичимдиктерин жана кант колдонууга чек койгула. Ченемдүү түрдө дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаргыла, бала уктап атканда, өзүңөр да бир аз чырым этип алгыла. Зорая аттуу бир аял, Жахабанын Күбөсү, дени сак кыз төрөгөн. Бирок төрөттөн кийин өзү жашык болуп кеткен. Анын айтымында, депрессияны жеңүүгө рухий иштердин тартибине мүмкүн болушунча тезирээк кармана баштоо жардам берген. (Кутучада да пайдалуу кеңештер берилди.)

Айланадагылардын жардамы

Төрөттөн кийинки депрессияны чакырган себептердин бири эс алуунун жетишсиздиги болгондуктан, айланадагылар аялга үй иштерин жасоодо, баланы багууда кол кабыш кыла алышат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, депрессиянын айтылып жаткан түрү жаңы төрөгөн энеге туугандары жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшкөн жерлерде сейрегирээк кездешет. Ал маалда аялды сындабай, кемчилигин көрсөтүүгө аракеттенбей, кайра, сезимталдык менен угуп, кайраттандыруу менен эң сонун колдоо көрсөтүүгө болот. Төрөттөн кийинки депрессиянын оору экенин жана ага аял өзү каалап дуушар болбогонун унутпоо маанилүү. Төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүп жаткандарга жардам берүү кызматы тарабынан белгиленгендей, «аял грипптен, диабеттен же жүрөк оорудан өз каалоосу менен айыга албагандай эле, депрессиядан „өзүн-өзү колго алып“ чыгып кете албайт».

Жогоруда айтылгандардын баарынан көрүнүп тургандай, көз жарганынан кийинки кубанычтуу убак аял үчүн кээде кыйын маалга айланышы мүмкүн экени айкын. Муну түшүнүү менен биз энелерге тийиштүү түрдө жардам көрсөтө алабыз.

Төрөттөн кийинки депрессия менен күрөшүүдө...

1) Ички ой-сезимиңерди бирөөлөр, өзгөчө, балалуу аялдар менен бөлүшкүлө.

2) Жакындарыңардан баланы багышууга, үй иштерин же дагы башка иштерди жасашууга жардам сурагыла. Жолдошуңардан баланы түндө тамактандырууга, үй иштерин жасоого жардамдашышын сурасаңар болот.

3) Өзүңөргө күн сайын, жок эле дегенде, 15 мүнөт убакыт бөлгүлө. Окугула, сейилдегиле, чарчап-чаалыкканыңарды жазыш үчүн, сууга түшкүлө.

4) Бир күндө бир иш жасаганга гана жарасаңар да, жаман эмес. Кээ күндөрү эч нерсе кыла албайттырсыңар. Андайда өзүңөргө ачууланбагыла.

5) Обочолонуу көп учурда депрессиялык абалдын уланышына шарт түзөт. Күн сайын аз убакка болсо да эшикке чыккыла. Таза аба, чөйрөнүн алмашылышы өзүңөргө да, ымыркайыңарга да жакшы таасир тийгизет.

Америка үй-бүлөлүк дабагерлер академиясынын, Америка акушерлер жана гинекологдор коллежинин, Аялдар денсоолугуна кам көрүү кызматынын билдирүүлөрүнө негизделди.



*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Begimkyz.   25 Май 2015 - 16:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Nadir27 (25 Май 2015 - 09:21) жазган:

Охоооо бул ьалабы же кызбы менден коп нерсни билет экенгоо :капамын:


Кайсы сайттан көчүрүп келип атканын билем бул баланын%)
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   eldar96   25 Май 2015 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 254
  • Катталган: 12 Март 15
  • Соңку аракети: 11 Июл 2024 01:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Просмотр сообщения Begimkyz. (25 Май 2015 - 16:15) жазган:

Кайсы сайттан көчүрүп келип атканын билем бул баланын%)


сиз дагы кызыксыз ушунун баарын кочуруп жиндиминби Сүрөт албетте кочуруп жатам бунун баарын 2 кундо да кочуруп буто албайм го бирок главно кыргызча кочуруп жатам

*************************************
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Begimkyz.   25 Май 2015 - 16:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Төрөттөн кийин кайнатма иче берип ичим ачышты дегендерге апамдын рецебин жаза кетсем. Апам мени төрөттөн кийин ушул тамак менен бакты. Кичине төрөлгөн кызыма эт байлап, өзүмө жана балама жакшы таасирин берди. Майлуу жаш уйдун этин майда туурап, майын чыгарып кайнатып анын үстүнө картошка, сабиз, болгар калемпирин да майдалап туурап кошуп майлуу кайнатма кылып берип атты. Анан албетте аш көк чөптөрүн пайдаланыңыздар, анткени баланын ичине жел турбайт экен. Куурулган тамактардан баш тартканыңыз эле оң. Ошол учурда органзм көнгөнү менен бирок, канча бир жылда сөзсүз таасирин берет дешет. Майсыз кылып аш демдеп жеген жакшы.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Begimkyz.   25 Май 2015 - 22:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 595
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 11:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Төрөт канада жатып кола ичкендерди көрүп ээсим ооп калды. Мага кайненем көп нерсени жедирбейт эле, өзү төрөт канага тамак алып келип карап отуруп жедирет, 5 маал болсо деле келе берет. Бир күнү блинчик жегим келтат десем "анын составында жумуртка бар, сага ысык келет" деп көнбөй койгон. Төрөт канага туугандарыбыз сурап коеюн деп келсе деле, "кантип жасап келгенин ким билсин, жебей эле койчу" деп аяй берет.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   gulbara1   26 Май 2015 - 00:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 08 Апрель 15
  • Соңку аракети: 24 Дек 2015 03:27

Ой автор ушу теманы ачып жакшы кылыпсыз мага окшогондор билип алсын. Мен торогондон кийин 1ай тамак жебептирмин, кээ бирлер ишенбеши мумкун бирок чын, бир гана кордо ичип журдум, 1кундо 1кружка чай 1чыны кордо, нан дагы жебептирмин, азыр ойлосом озумду жек коруп кетем, балага витамин бербей эле суугун ашырып, врач кундо келип томат кошулган, куурулганды жебей тур деп кетет, уйдо кайнене, авсын бар же ошолор айтпаптыр жакшыраак тамактан деп, алар кордо ич десе ошону ичип журо берипмин, арыктап козум акырайып, давлением тушуп, копко туралбай калгам, апам сураса жакшы деп коем, анан бир кун скайптан суйлошуп калдым апам мн, баланы колума ала албайм кучум жок, тамак жеп атасынбы кучтуу кучтуу тамактан десе айтып атпаймбы чай мн кордо ичип атам деп, козумдон жаш чубалып, коп куурубай суюк тамак кылып ич, дымдап, кайнатып бышырып же, салат кылып же майонез кошпой деп тамактын турлорун айтып баштады. Ээх апам жакын болсом жетип келет эле ошондо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Aikoo2014   28 Май 2015 - 15:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Просмотр сообщения gulbara1 (26 Май 2015 - 00:29) жазган:

Ой автор ушу теманы ачып жакшы кылыпсыз мага окшогондор билип алсын. Мен торогондон кийин 1ай тамак жебептирмин, кээ бирлер ишенбеши мумкун бирок чын, бир гана кордо ичип журдум, 1кундо 1кружка чай 1чыны кордо, нан дагы жебептирмин, азыр ойлосом озумду жек коруп кетем, балага витамин бербей эле суугун ашырып, врач кундо келип томат кошулган, куурулганды жебей тур деп кетет, уйдо кайнене, авсын бар же ошолор айтпаптыр жакшыраак тамактан деп, алар кордо ич десе ошону ичип журо берипмин, арыктап козум акырайып, давлением тушуп, копко туралбай калгам, апам сураса жакшы деп коем, анан бир кун скайптан суйлошуп калдым апам мн, баланы колума ала албайм кучум жок, тамак жеп атасынбы кучтуу кучтуу тамактан десе айтып атпаймбы чай мн кордо ичип атам деп, козумдон жаш чубалып, коп куурубай суюк тамак кылып ич, дымдап, кайнатып бышырып же, салат кылып же майонез кошпой деп тамактын турлорун айтып баштады. Ээх апам жакын болсом жетип келет эле ошондо.





Жеген ашын жерге коё биз учун далбастаган апакелерибизден айланса болот.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Nadir27   05 Июнь 2015 - 07:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 369
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 22 Авг 2020 07:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Гречканы бууга бышырып жесе болобу а то тынбай кордо иче берип конулумо тийип калды 16кундон бери?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   aijan   05 Июнь 2015 - 09:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Каалаган тамагынызды аз аздан, бир- эки тиштем жеп корунуз. Балага аллергия болбосо, ичи оорубаса эле ото коп эмес, аз-аздан жей бериниз. Гречканы тем более. Табитиниз тарткан нерсени жей бериниз.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   UsenovaAizada   03 Июль 2015 - 16:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 06 Июнь 15
  • Соңку аракети: 19 Авг 2019 10:55

Мен торогон кундон баштап эле куурулмасын деле башкасын деле жеп атам го, же созсуз кордо ичиш керекпи? Анан ысыкта тамак да отпой жатат суу анан сут ичип коюп эле журом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   lazygirl   03 Июль 2015 - 19:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Азыр таасир этпей жатат , эчтеке болбойт экен деп жей бергениңиздер жарабайт. Жылдар өтүп таасирин берет . 40 күн кордо ичип, колун сууга салбай, эрежеге көңүл бурган эң эле жакшысы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   lazygirl   03 Июль 2015 - 19:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Просмотр сообщения Begimkyz. (25 Май 2015 - 22:52) жазган:

Төрөт канада жатып кола ичкендерди көрүп ээсим ооп калды. Мага кайненем көп нерсени жедирбейт эле, өзү төрөт канага тамак алып келип карап отуруп жедирет, 5 маал болсо деле келе берет. Бир күнү блинчик жегим келтат десем "анын составында жумуртка бар, сага ысык келет" деп көнбөй койгон. Төрөт канага туугандарыбыз сурап коеюн деп келсе деле, "кантип жасап келгенин ким билсин, жебей эле койчу" деп аяй берет.


Кайын энеңиз түшүнгөн аял тура. Ушундай кайненелер көп болсун. :tongue:

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 03 Июль 2015 - 19:09

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   UsenovaAizada   03 Июль 2015 - 20:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 320
  • Катталган: 06 Июнь 15
  • Соңку аракети: 19 Авг 2019 10:55

40 кун кордо ичип, колду сууга салбаш учун озунчо болунуп жашаш керек экен. Кайынжурт мн турсан ким сага куйот кордо берип кирини жууп. Кайненем роддомдон чыгып келген кундон баштап ишке салды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   asia_29   03 Июль 2015 - 20:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 327
  • Катталган: 10 Июнь 15
  • Соңку аракети: 08 Окт 2015 00:40
  • Калаасы:Ордолуу Ош!!!

Мен роддомдон чыкканда эле уйумо барганмын.Озу негизи ата энендердин, уйундо болгон жакшы карашып, турушат мен кобунчо суюк тамак жеп жаттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   saya   03 Июль 2015 - 20:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 113
  • Катталган: 27 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 16 Авг 2020 12:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Просмотр сообщения UsenovaAizada (03 Июль 2015 - 16:50) жазган:

Мен торогон кундон баштап эле куурулмасын деле башкасын деле жеп атам го, же созсуз кордо ичиш керекпи? Анан ысыкта тамак да отпой жатат суу анан сут ичип коюп эле журом.

Жаны торогон аял сут ичпейт деп угуп калгам.40 кун болбосода 15 20 кун кордо ичиш керек айран аралаштырып дак суу ичиш керек.Тамакты ылгабай жей берсе беттеги дактар кетпей калат кордону ичип оронуп жатыш керек тердеген сайын ичтеги ооруулар тер менен чыгат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   shumkar929292   03 Июль 2015 - 21:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Кандай тамак болсо да кордону суу ичкендей ичип туруш керек.кийин ичинер таманынар кызый турган болуп калат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Kara_koz   03 Июль 2015 - 22:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 410
  • Катталган: 14 Март 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2016 19:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабад шаары

Просмотр сообщения lazygirl (03 Июль 2015 - 19:06) жазган:

Азыр таасир этпей жатат , эчтеке болбойт экен деп жей бергениңиздер жарабайт. Жылдар өтүп таасирин берет . 40 күн кордо ичип, колун сууга салбай, эрежеге көңүл бурган эң эле жакшысы.



беш кол тен эмесда эрежеге конул буруп отургудай.ар кандай куйо болот уйуно жонотпогон ал жерде кайнене болот ошошдо 40кун колуну сууга салбай отурчу.суйлоп койуш оной ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   Dolbooruwka   04 Август 2017 - 18:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 30 Апр 2021 14:15

Дарбыз жесе боло береби, торогонумо 1 жума болду.
[size="3"] [/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   seli   04 Август 2017 - 22:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 811
  • Катталган: 13 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 21 Апр 2024 21:27
  • Жынысы:Аялзаты

Сухарики, сыр, суп, күнүнө бир зеленый алма ушуларды эле жейсин деп медсестра жаман кыйнаган да. Кыркыбыз чыкканча бир жумада эки жолу келип турат болчу. Атала менен кайнатманы ичким келбей калган. Нан да жебе дейт эле. Каякта ага чыдабай сливочный маслодон нан мн уруп коетлем, анча мынча койу тамактан жеп коетлем.

Азыр ойлосом ошолорду эле жесем кайдагы сүт болмок эле менде. Байкуш балам тойбой, кошумча берет элем.

Эми кичине акыл кирип чоңойуп калдым окшойт)))) азырдан даярданып атам. Көп - көп жейм, баарынан эле аралаштырып жейберем деп.

Өзүңчө жашаган деле жаман экен. Чоңураак бирөө болсо каралашып, жардамдашканы жакшы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   aijan   06 Август 2017 - 09:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Кордону ар ким ар кандай жасайт окшойт. Оз варианттарынарды жаза кетсенер, айымдар.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 22:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: