Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Суперстан
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (639 бет)

• « 1

• 592
• 593
• 594
• 595
• 596

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#11861 Пользователь офлайн   Disappear   23 Апрель 2016 - 11:06

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 494
• Катталган: 29 Октябрь 14
• Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Рубикон

Просмотр сообщения USSR (23 Апрель 2016 - 09:40) жазган:

Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы, анткени өпкө колуңузда турат)) Ал эми куйрукка кепилдик жок, ал эртең болот. А эртең куйрук да, өпкө да болбой калышы мүмкүн, ал эле эмес эртеңки күн өзү болбой калышы мүмкүн, анда эмне кылабыз? Ошондуктан, өпкөнүн бар экенине шүгүр кылабыз, эртеңки куйруктан үмүт үзбөйбүз, ага жетиш үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. Кудай бизге акыл, дене, жөндөмдүүлүк, кыскасы бүт баарын берди. Эми ана ошонун баарын колдонобуз (аалымдар айтмакчы, "асбаабды аткарабыз" ), алыбыздын жетишинче аракет кылабыз, бирок жыйынтыкты бир Аллахтан күтөбүз, сабыр кылабыз... анткени баардык нерсе Анын гана колунда... Анан, жыйынтыгында өпкө келеби, куйрук келеби, балким экөө тең жок, балким кабатталып экөө тең болуп калышы мүмкүн, кандай гана жыйынтык болбосун, ЫРААЗЫ болобуз,ошого моюн сунабыз. Мына ошондо гана жашообузга гармония, жүрөккө бейпилдик келет. Эртеңки куйрукту кууп жүрүп күйүгүп калбайлы да, бүгүнкү өпкө боло берет деп чыйт түкүрүп жамбаштап жата бербейли. Аллахым баарыбызга сабыр, күчкубат, топук берсин!

Рахмат) кээ бир адамдар менен суйлошуп калган учурда...бироолору кызмат кутуп, бироолору онтойлуу учур кутуп жашоого койгон ой максаттары жакындап калганда кана толук кандуу жашап, ага чейин жон кана ошол окуяларды кутуп кун откоруп жургонуно кубо болуп калгандыктан сурадым эле. Озум болсо чыдамсыз баарын колго жасап алчудай боло берем))) берген жообунуз суроомдун бир канатын ачып берди. Чооон рахмат сизге дагы жараткан жакшылыктарын аябасын.

Fall into my trap :)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11862 Пользователь офлайн   Gupa   23 Апрель 2016 - 12:51

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 087
• Катталган: 10 Ноябрь 12
• Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:БИШКЕК - Ош

Жакшы маек болуп жатат. Суроо: үй-бүлөө темасында(анын бетин ары кылсын). Аялыңыз, бала-чакаңыз бар, жумуш менен жүрүп бир башка аялга байланып калдыңыз, жыл өткөн соң ата-энеңиз, жубайыңыз баары билди. Кандай жол тутмаксыз?
(ушундай окуяны угуп оозум ачылып жүрөт, болбосо баары намаз окуган адамдар)
Мектепте мыкты окуучу болгонуңузду айтып калышты, кыргыздын щедеври деп кимдин чыгармаларын айта аласыз жана төкмөлүк боюнча шыктуу экенсиз, поэзиядан жатка дегенде оозуңузга, оюңузга келген биринчи төрт сап.
Анан ошол "Акындар айтышына" бир баш багып от коюп турбайсызбы азыр дагы.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 23 Апрель 2016 - 12:52

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11863 Пользователь офлайн   Er-jurok.   24 Апрель 2016 - 12:19

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 232
• Катталган: 04 Апрель 16
• Соңку аракети: 06 Окт 2017 16:51

Просмотр сообщения USSR (23 Апрель 2016 - 09:16) жазган:

Эстутууң жакшы экен а. Мен чынын айтсам, силердин фамилияңар эмес, өзүңөрдү да элестете албайм. Экөөбүз ошондо "одношколчан& quot; экенбиз да

Тагдырга жазылганы ушул болду окшойт. Гимназияны бүтүп, ОшМУнун физматына тапшырган элем. Жыл айланбай жашоо шартка байланыштуу окуумду уланта албай калдым. Сырттан окууга которулуп, анан ошол бойдон Ошко кайтпай калдым да, окуум да ошол бойдон калып кетти.
Сабакты аябай окутчу эле. Силер оо начарлап калганда келдиңер. Биз убагында өзүбүздүн "кабминди& quot; кумир тутчубуз,  бизден мурункулар бизден да күчтүү окушаар эле. Же ошондой сезилчү беле, кыскасы, ошолордой болобуз деп биз да умтулчубуз. Республикалык олимпиадаларга келип жүрүштү классташтар, бирок мен райондун масштабынан көтөрүлө албадым.)))< br />

Өкүнөм, аябай өкүнөм. Оо гимназия жаңы ачылганда (анда колледж болчу) олимпиадаларда эч кимге орун бербейт элек, билимкана менен гимназия бар орундарды бөлүштүрүп алчу. Ошол себептен жалпы тизмеден бөлүп, билимкана,лицейлерди өзүнчө жарыштырышат эле)) Айттым го, силер алсыздап калганда келип калдыңар деп. Сегизде окуп жүргөндө онунчу класстын программасын бүтүрүп койгон окуучулар да бар эле. Тартип, адеп-ахлак, этика, алар жөнүндө унчукпай эле коёюн, алар эң жогорку деңгээлде эле го. Эң алгачкы директорубуз Өктөмкан эжекенин тушунда гимназиянын алтын доору болду окшойт. Аны иштен алып тынышты, ана ошондон кийин башталды да деградация. .. Себепти жетекчиликтен эле көрөм мен, Өктөм эжеке коюп кеткен планканы,ошол деңгээлди кармай алышпады. Кыскасы дасыккан адистин ордуна ортозаар адамдар келип калды да...

Классташтар чачырап кетишти, Ош,Бишкек, Россия ж.б... Бишкекте экөөбүз барбыз, жолугуп турабыз.

Ырахмат, Аллах баарыбызды туура жолго салып, баарыбыздан ыраазы болсун!< br />
Кеч үйлөндүм. Кызым бар, үч жаштан өттү. Өзүм намазды баштаганыма жыл айлана элек, жеңең азырынча эки маал эле окуйт намазды. Хижабды азырынча кие элек. Качан өзү жүрөгү менен чечкенде анан кийсин деп жүрөм. Кийдирип коюш колдон келет го, бирок хижаб мен үчүн кийилбейт да

Жооптор үчүн рахмат,абдан соонун жооп болуптур купулга толоорлук:)
Сиз бизди эстен чыгарыпсыз, биз сиздин өзүңүздү эмес тарткан сүрөттөрүңүздү да эстен чыгара элекпиз))
Бар болуңуз!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11864 Пользователь офлайн   USSR   24 Апрель 2016 - 23:43

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 933
• Катталган: 25 Декабрь 08
• Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Gupa (23 Апрель 2016 - 12:51) жазган:

Жакшы маек болуп жатат. Суроо: үй-бүлөө темасында(анын бетин ары кылсын). Аялыңыз, бала-чакаңыз бар, жумуш менен жүрүп бир башка аялга байланып калдыңыз, жыл өткөн соң ата-энеңиз, жубайыңыз баары билди. Кандай жол тутмаксыз?
(ушундай окуяны угуп оозум ачылып жүрөт, болбосо баары намаз окуган адамдар)

Оозуңуз неге ачылат?:), шарият эркектерге көп аял алууга уруксат берет го? Сиз айткан намазкөй адамдар ошол укугунан пайдаланышыптыр да. Бирок,жашыруун болбойт. Биринчи аялы макулдук бериш керек!
Жеке мен болсо, эки үйбүлөмдү тең сактап калганга аракет кылмакмын. Жолун табат элем да. Азыр башыма андай көйгөй түшө элек, түшүп калса (кудай сактасын го) жолун тапмакмын.

Цитата

Мектепте мыкты окуучу болгонуңузду айтып калышты, кыргыздын щедеври деп кимдин чыгармаларын айта аласыз жана төкмөлүк боюнча шыктуу экенсиз, поэзиядан жатка дегенде оозуңузга, оюңузга келген биринчи төрт сап.
Анан ошол "Акындар айтышына" бир баш багып от коюп турбайсызбы азыр дагы.

Орто эле окуучу болдум эле өзү)))
Кыргыздын шедеври деп көбүнчө Чыңгыздын чыгармаларын айтышат го... Негизи жакшы жазган, калемгер катары таланты өтө күчтүү. Бирок чыгармалары негедир советтик илеологияга нык сугарылып калгандай сезилет. Же менин аң-сезимим үчүн Чыкемин романдары оор келеби... Анын философиясын түшүнүш үчүн көрөңгөм алсыздык кылдыбы... Шедевр деп бир чыгарманы айтышым оор болуп жатат... "Кел-кел" романы мыкты мисалы... "Айта бар менин кебимди" деле калышпайт... Шедевр көп экен бизде)))
Эсиме келген төрт сап ыр:

Эч эле эсиме ыр келбей койду, үзүр.:)

Буюрса кирем, Айтыш айылын кызытпасак болбойт!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11865 Пользователь офлайн   USSR   24 Апрель 2016 - 23:52

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 933
• Катталган: 25 Декабрь 08
• Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Er-jurok. (24 Апрель 2016 - 12:19) жазган:

Жооптор үчүн рахмат,абдан соонун жооп болуптур купулга толоорлук:)
Сиз бизди эстен чыгарыпсыз, биз сиздин өзүңүздү эмес тарткан сүрөттөрүңүздү да эстен чыгара элекпиз))
Бар болуңуз!

Башында эле өз атыңды айтканыңда! ))) Эстейт элем. Азыр аз-маз элестетип жатам. Сүрөтүңдү салып жиберчи, туура элестетипминби, өзүмү текшерип алайын. Аксаргыл, чачтарың күрөңгүч, маңдайыңда чачың кайрылган, көзүң тостойгон, жаның тынбаган бала беле-ең, элес-булас кадрлар өтүп жатат көз алдымдан. Рахмат эстегениңерге, айрыкча сүрөт боюнча көбүнүн эсинде калыпмын окшойт)))
Сен да бар бол үкам, Аллах ыраазы болсун!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11866 Пользователь офлайн   mega777   24 Апрель 2016 - 23:58

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Аким
• Билдирүүсү: 2 415
• Катталган: 22 Март 13
• Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Атамдын айылы

Алгач Сиздин туурунузга айланып кайра конгонунуз учун кубанычтамын. Суперстандагы коптогон корунуктуу, маанилуу, кызыктуу темалардын автору экенинизди билебиз.(бизге тема калтырбай ачып койупсуз))Ушул идеялар кантип пайда болду эле?Негизи Сизге Суперстанга эмгеги синген адам катары орден деле таксак жарашмак экен)Ошол тээ Сиздин "доордогу" форум менен бугунку форумдун кандай озгочолугун байкай алдыныз?" Акыл баштан, асыл таштан"демекчи форумдун туптолушуно салым кошкон адам, жана ыр дуйносундо мааниси терен саптарды кыналыштыра тизген жазмакер агабыз "Айтыш" темасын гулдотот деп умут кылып калам.Кудай эки дуйно жакшылыгын насип этип, ар дайым ушул тен салмагыныздан жазбай журо бериниз.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11867 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   25 Апрель 2016 - 08:24

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 10 685
• Катталган: 30 Сентябрь 13
• Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Ассалам алайкум уа рахматуЛлах! Кайрадан эле мен...)

4) Жашоодо эмне кылганга эркиңиз жетпейт?
5)"Мал ээсин тартпаса арам өлөт" деп коюшат го. Ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар деп ойлойсуз?
6) Азыр биз менен жашооңуздун кайсы бөлүгү менен бөлүшмөксүз?

Жооп үчүн алдын ала раазычылыгым! Бар болуңуз! :0108:

В каждой шутке есть доля правды...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11868 Пользователь офлайн   ATAKA.   25 Апрель 2016 - 09:04

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 52
• Катталган: 12 Апрель 16
• Соңку аракети: 07 Сен 2016 10:19
• Жынысы:Эркек

Салам алейкум! Бир эле суроо таксыр. Кайсы суроо ото оор болду жана, кайсы суроо сизге жагымдуу болду?
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11869 Пользователь офлайн   orhideya   25 Апрель 2016 - 14:00

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 263
• Катталган: 18 Декабрь 13
• Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Уроссия гой ))

Саламатсызбы Талант аке. Куш келипсиз!
Маегиңиз аябай кызыктуу болуптур, жоопторуңуз да купулга толчуу...
Мен да суроо узаткым келди.

1. Айтсаңыз, кайсы улуттук аспаптарыбызды ойной аласыз? Кызыгууңуз бар беле?

2.Мисалы жубайыңыз үйдө жок болуп калса, казан-аяктардан тартынбай эле, жууп тарап, тамак жасап, өзүңүздүн, балдарыңыздын курсагын капа кылбай, аракетиңизди көрө бересизби же жеңеми күтүп олтура бересизби. :)

3. Жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап, сүрөттөрүңүз илинип турган кездер болгонбу?

4. Кайра эле окуучулук күндөрүңүздөн эстетейин. Кайсыл сабак жакпачуу, качып кеткен учурларыңыз болот беле?

Жооптор учун алдын ала ыраазычылык. :0108: Аман болуңуз.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11870 Пользователь офлайн   LEGENDA.   25 Апрель 2016 - 15:06

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 442
• Катталган: 22 Февраль 16
• Соңку аракети: 11 Май 2021 06:03
• Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения LEGENDA. (22 Апрель 2016 - 00:48) жазган:

Ассаламу алейкум таксыр.)

"Заманың бөрү болсо бөрү бол,түлкү болсо түлкү бол" деген макалга кандай карайсыз?

Ийгилик,ден- соолукта болунуз!)

"Бир эле суроого башымы оорутпайм" дегенсиз го...))))
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11871 Пользователь офлайн   Uhtishka.   25 Апрель 2016 - 17:35

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 066
• Катталган: 05 Февраль 16
• Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:МСК

Просмотр сообщения LEGENDA. (25 Апрель 2016 - 15:06) жазган:

"Бир эле суроого башымы оорутпайм" дегенсиз го...))))

Корбой калганго)) )...
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11872 Пользователь офлайн   Uhtishka.   25 Апрель 2016 - 17:45

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 066
• Катталган: 05 Февраль 16
• Соңку аракети: 04 Авг 2023 19:59
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:МСК

Ассаляму алейкум, СССР мырза,.Менда суроо бере кетейин. ..
Форумга жаны аралашып калганымда, сизди издеп калышкан экен,ошол кезде сиз кирбей калган экенсиз. Ким болду экен деп, жазган билдируулорунузду жана ачкан темаларынызды зерикпей карап чыккам.)

Форумга кайрадан, активдуу аралашып калганынызга эмне себеп болду?

Ошол убактарда да дин боюнча маалыматыныз кенири элеби?

Мындан ары форумга активдуу катышып турасызбы?

Билдирүүнү түзөткөн: Uhtishka.: 25 Апрель 2016 - 17:51

Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11873 Пользователь офлайн   KblCHASS   25 Апрель 2016 - 22:36

• Активист
• PipPipPip
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Тартип бузгандар
• Билдирүүсү: 661
• Катталган: 16 Май 15
• Соңку аракети: 26 Июн 2017 19:58

Ссср брат нигинизди подарка кылбайспы сизге башка ник берейин.?
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11874 Пользователь офлайн   USSR   26 Апрель 2016 - 00:22

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 933
• Катталган: 25 Декабрь 08
• Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения LEGENDA. (22 Апрель 2016 - 00:48) жазган:

Ассаламу алейкум таксыр.)

"Заманың бөрү болсо бөрү бол,түлкү болсо түлкү бол" деген макалга кандай карайсыз?

Ийгилик,ден- соолукта болунуз!)

Уалейкум ассалам таксыр, кечирим сурайм, тияк-бияк болуп жатып, көрбөй аттап өтүп кетипмин. Туура түшүнүп коёрсуз.
Макалды бир четинен туура десе болот, бирок "заманың" эмес, "айланаңдагылар" деп оңдоп койсок да болот экен. Анткени кеп заманда эмес, ошол заманда кандай адамдар жашап жатканы маанилүү эмеспи. Чөйрөгө ыңгайлаш, агымга карай чабак ур дегени го. Менимче , кандай чөйрө болбосун, дайыма өз чындыгыңды өзгөртпөй жашаганың оң болсо керек.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11875 Пользователь офлайн   USSR   26 Апрель 2016 - 00:47

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 933
• Катталган: 25 Декабрь 08
• Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения mega777 (24 Апрель 2016 - 23:58) жазган:

Алгач Сиздин туурунузга айланып кайра конгонунуз учун кубанычтамын. Суперстандагы коптогон корунуктуу, маанилуу, кызыктуу темалардын автору экенинизди билебиз.(бизге тема калтырбай ачып койупсуз))Ушул идеялар кантип пайда болду эле?

Жылуу сөзүңүзгө ыраазычылык. Өзү үч-төрт эле темам бар эле))) Сиздерге кандайча калбай калды экен,түшөнбөй турам :)
Идеялар боюнча. Мына бул "СуперИнтервью" темасы Еретик никтүү колдонуучунун колдоосу менен ачылган жана ишке ашкан. Ар темада (оюн-күлкүдө) бири бирибизди ыр саптары менен чымчылап ойноп жатып, "Акындар айтышы" темасынын идеясы жаралган. Монолог болсо "Күндөлүк" темасынын руханий аналогу катары келе калган. Мына ушул сыяктуу эле. Булардан башка эки-үч эле темам бар.

Цитата

Негизи Сизге Суперстанга эмгеги синген адам катары орден деле таксак жарашмак экен)Ошол тээ Сиздин "доордогу" форум менен бугунку форумдун кандай озгочолугун байкай алдыныз?
Орден деңиз)) Орден болбосо да Суперстандан алган үч дипломум бар. (Мактана кетпесем болбос%))
Өзгөчөлүк демекчи, илгерки менен азыркынын айырмасы аябай эле билинет. Илгери олуттураак, салабаттуурак болоор беле. Же жашы улуу Барс, Jeka, vais, Aechka, Еретик деген аттуу-баштуу, салабаттуу форумчулар көч башында тургандыктан, орто муун биз жана жаштар ошолорду ээрчий баскандан уламбы. Ортодо сый-урмат бар эле да. Форумчуну сыйлабаган күндө да форумчунун пикирин сыйлоо бар эле.
Азыр көбүнчө жаштар. Кандар кызуу. Эч ким өзүнүкүн бергиси келбейт, баарыбыз " жердин киндиги" болгубуз келгендей )) (албетте баары эмес, азыр деле ууч куру эмес, мыкты юзерлер да бар, бирок алар саз жазышканы менен аз жазышат да)Интернет кеңири жайылган, кайсы нерсе кеңири болсо ошол нерсенин баркы кетет эмеспи. Суперстанда эле эмес, жалпы Кырнетте абал ушундай азыр. Кайда башбакпа, талаш-тартышка, кер-мур айтышууга туш болосуң.

Цитата

"Акыл баштан, асыл таштан"демекчи форумдун туптолушуно салым кошкон адам, жана ыр дуйносундо мааниси терен саптарды кыналыштыра тизген жазмакер агабыз "Айтыш" темасын гулдотот деп умут кылып калам.Кудай эки дуйно жакшылыгын насип этип, ар дайым ушул тен салмагыныздан жазбай журо бериниз.

Аллах күч кубат берсе, ал теманы да колго алганга аракет кылабыз. Колдон келишинче.
Кудай баарыбызга тең эки дүйнө жакшылыгын берсин. Рахмат.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11876 Пользователь офлайн   Abuxanifa   26 Апрель 2016 - 04:00

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 703
• Катталган: 22 Январь 16
• Соңку аракети: 17 Июн 2019 06:24
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Чет олко...

Ассалааму алайкум УССР байке. Сизди дин болумундо коруп суйунгонумду эми айтып коёюн убакыттан пайдаланып))). ..

Суроо:
(Диний маселелерин жакшы эле оздоштуруп калыпсыз, ошого женил бир диний логичный суроо жазып кетейин...)

1) Илгери бир аалым, адилеттуу халифа, же эл башчысы, оз элиндеги жаштарга: "Ким кайда барса барсын, бирок канча жыл пайдалуу илим окуп келсе, ар бир жылына бирден Тоо белеке берем" деп жар салат. (Ал кезде алардын бир Тоосу азыркы убактагы бир ЛЕКСУС жип унаага барабар эле билесизда))))
Арким ар жака барып илим уйронуп келип, падышага отчет берип белектерин алып, жашоолорун ондоп баштайт. Анан бир шариший жигитта четке чыгып, 3 жыл илим уйронуп келип, падышага отчет бергени барат. Анан падыша аны алдына алдыртып, озу тактыга олтуруп: "Кана корсотчу, же айтчы сен кандай илимге ээ болдун?" деп сураганда, жигит: "Дубалга ийнени сайып, 5 метрден жиптин учуну ороп туруп, ийнени коздой ыргытса, жип ийненин козунон отуп калат экен." Анан падыша желдеттерине: "Ат сарайга алып кирип 20 камчы уруп, 30 кун подвалга нан суу берип камап койгулада, 30 кундон кийин чыгарып, бир эле Тоо (Верблюд) берип уйуно жонотуп ийгиле" деп буйруптур. Тиги жигит: "Эмнегее, же эмне учун мындай кылып жатасыз падышам" деп сураганда? - Падыша эмне деп жооп берген???)))...

(Мунуда кече эле бир арабча "аалымдардын тарыхы" деген китептен окуп калып, бияка суйроп келе калдым. Бирок сиздин логика, философияныз биздикине караганда алда канча жакшы иштейт экен, оной эле таап алсаныз керек)))

2. Туулуп оскон жериниз???...

3. Бугунку кундо саясат дегенде эле баарыбыздын коз алдыбызга Кыргызстандын 200 дон ашык куру соз элиталары келип калды. А сиз саясат дегенди кандай тушуносуз негизи? - жана саясат деген термин кайдан келип чыккан???...

4. "Кыргыздын тили жоголуу коркунучу бар, же кыргыз тили баркталбай жатыры", деп кабатырланып жургон кеебирки мекендештерибиздин оюна, сиздин оюнуз???...

5. Эгер депутат болуп калсаныз негизи реформаны эмнеден баштамаксыз, дегеле КР нын негизги алсыздыгы эмнеде болуп жатыры???...

(Жогору жактагылар, мен кечикпедимби, берилген убакыт мооноту буто элекпи УССР байкенин??)))
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11877 Пользователь офлайн   rnurzida   26 Апрель 2016 - 15:39

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Аким
• Билдирүүсү: 5 435
• Катталган: 15 Октябрь 12
• Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Санкт-Петербург

Ассаламу алейкум байке. Куш келипсиз. Сиздин нигиңизге көзүм түшкөндө эле, суперстанга салымын кошкон адам көз алдыма элестей берет. Кайрадан бул "өөрөндү" аралап баштаганыңыз адамды кубантпай койбойт. Сиздей адамга суроо узатпай кетсем болбос.

1. Динди түшүнгөндөрдүн катарында эмессизби, шариятыбызда 4 аялга чейин уруксат берилгени баарыбызга эле маалым, сурайын дегеним, 2-аял алууга мүмкүнчүлүк болсо, буга кандай карамаксыз?

2. Бул суроом азыркы глобалдуу проблемалардан десем да болчудай.
Негизи, шариятыбызда аял киши үйдө отуруп, жолдошунун таап келгенин туура пайдаланып, балдардын тарбиясы менен алек болуусу керек го. Тилекке каршы, азыр көбүнесе тескерисинче болуп калды. Кээ бир күйөө төрөлөр үйдө отурушат, а аялдары иштеп жүрөт. Жолдоштору гана эмес, ага-ини, керек болсо, кээ бир аталар деле кыздарын иштетип коюп, өздөрү чардап жүргөндөрү бар. Ушул маселеге көз карашыңыз? Балким, аялзаты өзүбүз баарын жасап, иштеп, эркектерди ошол нерсеге көндүрүп, жалкоолукка үйрөтүп койгондурбуз? Же хз Чубак ажы айткандай чын эле эркектерибиз алсыздашып кеткендир? Сиздин оюңуз?

Жооптор үчүн алдын-ала чоң рахмат. Ар дайым ден-соолугуңуз чың, ыйманыңыз бекем болуп, бар болуңуз.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11878 Пользователь офлайн   adalsvards   26 Апрель 2016 - 16:16

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 5 812
• Катталган: 10 Июль 08
• Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

USSR, кош келипсиз! :)

Сиздей форумчунун кайтуусу атмосферага таасирин тийгизет деп ойлойм.

Суроом деле жок) Келинчегиңизге салам айтып коюңуз. Ылайым, үй бүлөңүздө кубанычтуу күндөр көп болсун!

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11879 Пользователь офлайн   USSR   26 Апрель 2016 - 21:01

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 933
• Катталган: 25 Декабрь 08
• Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Цитата

Ассалам алайкум уа рахматуЛлах! Кайрадан эле мен...)

Уалейкума ассалам уа рахматуллахи уа бароокатух. Кош келипсиз!

Цитата

4) Жашоодо эмне кылганга эркиңиз жетпейт?

Көп эле нерсе кылганга эрк жетпейт... Жакынкы эле нерселерден айтсам, өткөндө бир таксыр "тигиники туура эмес,мунуку акыйдасы бузук" деп ар нерсени сүйлөп жатты, ал "туура эмес" деген категорияга мен да кошулуп калдым да байкасам, (даваатка чыгалектерге да таш ыргытып өттү, а мен чыга элекмин) ана ошол кишини тууралап коёюн, акыйда баарыбыздыкы бир экенин чечмелеп берейин деп ,ошону айтканга эч эле эрким жетпей койду. Бекер эле ызы-чуу чыгып, туура эмес түшүнүшүп калбайлы деген ой болду... Анан багымдаттан кийин уктабай койгонго эрк жетпей жатыр..)))

Цитата

5)" Мал ээсин тартпаса арам өлөт" деп коюшат го. Ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар деп ойлойсуз?

Кээде "саппадения" © болуп калат го, эшегине жараша тушагы дегендей, бирине бири окшошуп жарашып калат. А кээ бир нерселерди карасаң, адамдын мүнөзүнө карап ,ал кишинин баскан турганы, чөйрөсү, кылган иши, тутунган буюм-тайымы ,ж.б. нерселерин жалпы бир окшоштук камтып калат го. Ошондо бул макал нукура элдик акылдан, турмуш тажрыйбасынан чыкканына тан берип гана кала бересиң.

Цитата

6) Азыр биз менен жашооңуздун кайсы бөлүгү менен бөлүшмөксүз?

Ушул жерден менин чолок акылым анча аңдай бербеди)) Түшүнгөнүмчө жооп бере берейин. Тетири кетсем үзүр)).
Жашоомдун эң жакшы бөлүгү менен бөлүшмөкмүн. Өзү билген акыйкатты бирөөгө жеткирмейинче, өзү жетишкен жакшылыкты бирөөгө кааламайынча толук момун боло албайт экенбиз. Ошондуктан, ылайым баарыбыз акыйкатка умтулайлы, Аллахтын ыраазычылыгына умтулайлы, сиздер менен мен ушундай жашоо менен бөлүшкүм келет... Аллах баарыбызды туура жолго салсын!

Цитата

Жооп үчүн алдын ала раазычылыгым! Бар болуңуз!

Рахмат, сиз да бар болуңуз!

Билдирүүнү түзөткөн: USSR: 26 Апрель 2016 - 21:01

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11880 Пользователь офлайн   USSR   26 Апрель 2016 - 21:25

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 933
• Катталган: 25 Декабрь 08
• Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
• Жынысы:Эркек
• Калаасы:Бишкек

Цитата

Саламатсызбы Талант аке. Куш келипсиз!
Маегиңиз аябай кызыктуу болуптур, жоопторуңуз да купулга толчуу...
Мен да суроо узаткым келди.

Саламатчылык, сиз да куш келиңиз. Рахмат, суроолор да жакшы болуп жатат.

Цитата

1. Айтсаңыз, кайсы улуттук аспаптарыбызды ойной аласыз? Кызыгууңуз бар беле?

Улуттук эле эмес, дегеле эч кайсы аспапта ойной албайм. Жаш кезде гитарага, кийинчерээк комузга кызыгуу болгон. Орустар айтмакчы "слух" керек турбайбы, менде ал нерсе ныпым жок тура көрсө! Гитараны сатып жибергем, комуз үйдө турат.

Цитата

2.Мисалы жубайыңыз үйдө жок болуп калса, казан-аяктардан тартынбай эле, жууп тарап, тамак жасап, өзүңүздүн, балдарыңыздын курсагын капа кылбай, аракетиңизди көрө бересизби же жеңеми күтүп олтура бересизби.

Экөөбүз Россияда иштеп жүргөндө келинчегим жумуштан түнкү он экиде чыкчу күндөрү да болуп калат эле. Ал күндөрү кадимкидей тамакты бышырып, дасторконду жасап, даярдап, анан жумушунан алып келгени жөнөчүмүн. Кыргызстанга келгенден бери андай боло элек, үйдө жок учуру боло элек. Эгер болуп калса тириликти жасай бермекмин.

Цитата

3. Жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап, сүрөттөрүңүз илинип турган кездер болгонбу?

Ммм... Бизде ушул нерсе жок экен эле эстесем. Бирок ,мектепти жакшы эле окудум, бешинчиде бир грамота да алгамын. Мектепти "бекем ударник" болуп бүткөм.

Цитата

4. Кайра эле окуучулук күндөрүңүздөн эстетейин. Кайсыл сабак жакпачуу, качып кеткен учурларыңыз болот беле?

Органикалык химия жакчу эмес, дүйшөмбү күнү биринчи пара эле, көбүнчө келбей койчумун)). Сабакка барбай койгон учурлар да болду, качып кеткен учур болгон эмес. Качып отурбай эле, ошол күнү толук эле барбай коёр элек)))

Цитата

Жооптор учун алдын ала ыраазычылык.  Аман болуңуз.

Сизге да рахмат, жакшы туруңуз!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Суперстан
• Кийинки тема →

• (639 бет)

• « 1

• 592
• 593
• 594
• 595
• 596

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Тема жабык

Теманы 26 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 26, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 06 Авг 2025 03:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: