Талапкерлер тизмесинен ким көздү кубантып жатат?
#62 21 Август 2015 - 23:04
Садыр Жапаров эмне иш кылыптыр,бир да жолу коргон жокмун? Бийликте эле жургон адам,качан гана бийликтен тушкондо алам кылып,популист болуп алат. Ал эми шайлоого барбайм дегендерге - уят дегенден башканы айталбайм. Озунор барып шайлабагандан кийин анан жамандайсынар бул кылбады,мага айды менен кунду алып бербеди деп,шайлоо укугу озубуздо тургандан кийин. Адамга го озу эч нерсе жакпайт да.
#63 21 Август 2015 - 23:11
Качан болот экен?
Кайсы жакка барбайын "шайлоо" болуп калган го. Чынын айтсам ким ат салышып жататканына кызыккан жокмун.
Кайсы жакка барбайын "шайлоо" болуп калган го. Чынын айтсам ким ат салышып жататканына кызыккан жокмун.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#64 22 Август 2015 - 18:44
Талапкерлердин партиялык
тизмесиндеги алдыңкы
ондукту “алтын мандат”
атына кондурган түшүнүк
саясий лексиондон түшпөгөн
сөзгө айланды.
Партиялык тизменин
алдыңкы ондугуна
коомчулукка таанымал саясий
капиталы бар же болбосо
шайлоо фондуна күрдөөлдүү
каржылык салым кошо ала
турган талапкерлер
киргизилген. Саясат
талдоочулардын баамында, бул
жолку шайлоодо саясий
партиялар партиянын
визиттик карточкасы
саналган алдыңкы ондуктун
тизмесин түзүүдө салмактуу
саясатчылар менен
капчыктууларды
айкалыштырууга аракет
жасашкан.
Аброй менен акчанын
“айкалышы”
Шайлоого бара жаткан саясий
партиялардын алдыңкы
ондугуна кирүү
талапкерлердин таттуу кыялы
экени белгилүү. Бирок
мындай сый-урмат бардык эле
талапкерлердин маңдайына
жазыла бербейт. Саясий
партиялар тизмесинин
алдыңкы ондугун түзүүдө
өзгөчө көңүл саясатчылардын
салмагына,
таанымалдуулугуна жана
албетте, капчыгынын
калыңдыгына бурулары турган
иш.
“Ата Мекен” партиясы
популярдуулугуна карап,
Оштун мурдагы мэри Мелис
Мырзакматов менен мурдагы
баш прокурор Аида
Салянованы алдыга кошту.
Саясат талдоочу Чолпон
Сыдыкбаев абройлуу
саясатчылардын алдыңкы
ондукта киришинин өйдө-
ылдыйын мындайча
мүнөздөйт:
- “Алтын мандат” алууга
коомдо таасири бар, айрым
аймакта күчтүү таасири бар
адамдар кирген. Бирок
мурдагы шайлоолордо
электорат партиянын
лидерин эле карап добуш берсе,
бул жолу тизмедеги алдыңкы
ондукту же жыйырмалыкта
кимдер турат деп үңүлүп
караган көрүнүш бар экени
кубандырат. Ошол эле учурда
бир чети партиялык
тизмедеги ондукка кирген
талапкерлерге артыкчылык
берген жагдайдын дагы
кооптуу жагы бар. Анткени
алар депутат болуп келгенден
кийин дагы өздөрүн
артыкчылыктуу тандалма
катары сезишип, партиялык
позициясы дагы, кадамдары
дагы башкача болушу мүмкүн.
Дал ошол абройлуу жана
акчалуу талапкерлер кийин
партия жетекчилигине баш
бербей кетиши мүмкүн.
“Алтын мандаттардын”
аралыгы...
Коомчулуктагы популярдуу
адамдарды колдонуу жагынан
КСДП партиясы дагы четте
калган жок. КСДП бул ирет
өзүнүн визиттик карточкасы
катары президенттин
маалымат катчысы Жанарбек
Акаевди №7 тизмеге
киргизди. Ал эми “Бир Бол”
партиясы тизмени баштоону
саясатчы Мыктыбек
Абдылдаевге ыйгарып,
белгилүү укук коргоочу
Чолпон Жакупованы тизмеге
төртүнчү катарда кабыл алса,
теле алып баруучу Лунара
Мамытовага сегизинчи орунду
ыйгарган. “Бир Бол”
партиясынын маалымат
катчысы Лунара Мамытова
алдыңкы ондукка кирүү
сунушу күтүүсүз болгонун
айтты:
- Бул партиядагы бир дагы
лидерди мен буга чейин
тааныган эмесмин. Бул жакка
маалымат катчысы болуп
келгенден кийин эле мага
ушундай сунуш түшүп калды.
Бул жерде кандайдыр бир жеке
тааныштык аркылуу же акча
берип тизмеге кирүү деген
болгон жок. Булар
талапкердигимди тизмеге 8-
орунга киргизүүдө менин
коомдогу ордумду карашты
окшойт. Журналист катары,
алып баруучу катары кошкон
салымымды карап, анан
ушундай чечимге келишкен го
деген ойдо калдым.
Ошол эле кезде көпчүлүк
партиялардын алдыңкы
ондугунда буга чейин
коомчулукка анчейин
белгисиз адамдар дагы бар.
Алардын кандай чен-өлчөмдөр
боюнча алдыңкы ондукка
киргизилип, “алтын мандат”
алууга кепилдик берилгени
белгисиз. Бирок талдоочулар
арасында мындай талапкерлер
башкалардан айырмаланып,
партияга ири каржылык
салым кошкон капчыктуулар
деген сөз бар. Мында
талдоочулар көпчүлүк саясий
партиялар алдыңкы ондукка
абройлуу саясатчылар менен
капчыгы калыңдарды
айкалыштырууга
аракеттенишкенин
байкашкан. “Өнүгүү-Прогресс”
саясий партиясынын
тизмесинде экинчи болуп
катталган Исхак Масалиев
анын акчасына эмес, саясий
капиталына карап
чакырылганын жашырбайт:
Исхак Масалиев
- Бул партияга мен конок
катары чакырылган талапкер
болуп жатам. Бул тизмеден
менин ордумду чын эле
“алтын” деп айтсаңар болот.
Анткени мен акча берген
жокмун. Мени бул жакка
чакырганда мен тыйын чыгара
албай турганымды айттым.
Бирок партияга добуш алуу
үчүн иштеп бере турганымды
белгилегемин. Анан эми сиз
айткандай жол менен “алтын
мандат” алгысы келгендерди
билбейт экем. Бирок мына
ошондой “капчыктар” бардык
эле партияларда бар экенин
билем. Анткени шайлоо деген
арзан болбойт. Бирок “Өнүгүү-
Прогресс” партиясында
тизмедеги биринчи орундан
жетимишинчисине
чейинкилердин бардыгы
“добуш алып бере албасам
ордумду бошотуп кетем” деп
жазып беришти. Мен деле
ошондой кагазга кол койгом.
“Бульдозерлордун” бурулуш
ыкмасы
Партиялык тизмеде “алтын
мандаттан” сырткары
талапкерлерди алдына салып
алып, сүрө турган “бульдозер”
лидерлер да бар.
Президенттик аппараттын
мурдагы жетекчи орун басары
Икрамжан Илмиянов 50-
тизмеде турса, “Кыргызстан”
партиясынын тизмесинде
Шаршенбек Абдыкеримов 58-
орунду ээледи. “Республика -
Ата-Журт” партиясынын
теңтөрагасы Камчыбек Ташиев
тизмеде 41-орунда жайгашкан.
Булардын башка
талапкерлерден айырмасы
тизменин артындагыларга
ишеним берип, алдыга сүрөп
туруу үчүн жасалган жаңы
саясий технология дешет
талдоочулар. “Республика –
Ата-Журттун” теңтөрагасы
Өмүрбек Бабанов бул чара
командалык духту бекемдөө
үчүн киргизилгенин айтты:
Өмүрбек Бабанов
- Мына Камчыбек
Кыдыршаевичтин 41-орунда
турганы анын бизге ишенгени.
Себеп дегенде, ал киши буюрса
сөзсүз парламентке келет.
Кудай сактасын, бул деген
Бабанов эле тизмеде биринчи
болуп, анан биз кырктан аз
мандат алып кала турган
болсок, Ташиев сыртта калат
дегенди түшүндүрбөйт. Мында
биздин команда биригип
жатат. Бизде мисалы, Данияр
Тербишалиев 98-орунда турат.
Бул биздин талапкерлер
бардыгы добуш алуу үчүн
иштей турган партиянын
күчтүүлүгүн көрсөтөт.
Ошол эле кезде көпчүлүк
партиялар талапкер тизмеде
канчанчы орунда турганына
карабастан, алып келген
добушуна карата мандат
бериле турганын
жарыялашкан. Бирок
мыйзамга ылайык, курултайда
бекитилген партиялык
тизмени өзгөртүүгө жол
берилбейт. Анткен менен
партиялар бул маселени
талапкерлерден алдын-ала
арыз жаздырып, ант алуу
менен чечүүгө аракет
кылышууда.
тизмесиндеги алдыңкы
ондукту “алтын мандат”
атына кондурган түшүнүк
саясий лексиондон түшпөгөн
сөзгө айланды.
Партиялык тизменин
алдыңкы ондугуна
коомчулукка таанымал саясий
капиталы бар же болбосо
шайлоо фондуна күрдөөлдүү
каржылык салым кошо ала
турган талапкерлер
киргизилген. Саясат
талдоочулардын баамында, бул
жолку шайлоодо саясий
партиялар партиянын
визиттик карточкасы
саналган алдыңкы ондуктун
тизмесин түзүүдө салмактуу
саясатчылар менен
капчыктууларды
айкалыштырууга аракет
жасашкан.
Аброй менен акчанын
“айкалышы”
Шайлоого бара жаткан саясий
партиялардын алдыңкы
ондугуна кирүү
талапкерлердин таттуу кыялы
экени белгилүү. Бирок
мындай сый-урмат бардык эле
талапкерлердин маңдайына
жазыла бербейт. Саясий
партиялар тизмесинин
алдыңкы ондугун түзүүдө
өзгөчө көңүл саясатчылардын
салмагына,
таанымалдуулугуна жана
албетте, капчыгынын
калыңдыгына бурулары турган
иш.
“Ата Мекен” партиясы
популярдуулугуна карап,
Оштун мурдагы мэри Мелис
Мырзакматов менен мурдагы
баш прокурор Аида
Салянованы алдыга кошту.
Саясат талдоочу Чолпон
Сыдыкбаев абройлуу
саясатчылардын алдыңкы
ондукта киришинин өйдө-
ылдыйын мындайча
мүнөздөйт:
- “Алтын мандат” алууга
коомдо таасири бар, айрым
аймакта күчтүү таасири бар
адамдар кирген. Бирок
мурдагы шайлоолордо
электорат партиянын
лидерин эле карап добуш берсе,
бул жолу тизмедеги алдыңкы
ондукту же жыйырмалыкта
кимдер турат деп үңүлүп
караган көрүнүш бар экени
кубандырат. Ошол эле учурда
бир чети партиялык
тизмедеги ондукка кирген
талапкерлерге артыкчылык
берген жагдайдын дагы
кооптуу жагы бар. Анткени
алар депутат болуп келгенден
кийин дагы өздөрүн
артыкчылыктуу тандалма
катары сезишип, партиялык
позициясы дагы, кадамдары
дагы башкача болушу мүмкүн.
Дал ошол абройлуу жана
акчалуу талапкерлер кийин
партия жетекчилигине баш
бербей кетиши мүмкүн.
“Алтын мандаттардын”
аралыгы...
Коомчулуктагы популярдуу
адамдарды колдонуу жагынан
КСДП партиясы дагы четте
калган жок. КСДП бул ирет
өзүнүн визиттик карточкасы
катары президенттин
маалымат катчысы Жанарбек
Акаевди №7 тизмеге
киргизди. Ал эми “Бир Бол”
партиясы тизмени баштоону
саясатчы Мыктыбек
Абдылдаевге ыйгарып,
белгилүү укук коргоочу
Чолпон Жакупованы тизмеге
төртүнчү катарда кабыл алса,
теле алып баруучу Лунара
Мамытовага сегизинчи орунду
ыйгарган. “Бир Бол”
партиясынын маалымат
катчысы Лунара Мамытова
алдыңкы ондукка кирүү
сунушу күтүүсүз болгонун
айтты:
- Бул партиядагы бир дагы
лидерди мен буга чейин
тааныган эмесмин. Бул жакка
маалымат катчысы болуп
келгенден кийин эле мага
ушундай сунуш түшүп калды.
Бул жерде кандайдыр бир жеке
тааныштык аркылуу же акча
берип тизмеге кирүү деген
болгон жок. Булар
талапкердигимди тизмеге 8-
орунга киргизүүдө менин
коомдогу ордумду карашты
окшойт. Журналист катары,
алып баруучу катары кошкон
салымымды карап, анан
ушундай чечимге келишкен го
деген ойдо калдым.
Ошол эле кезде көпчүлүк
партиялардын алдыңкы
ондугунда буга чейин
коомчулукка анчейин
белгисиз адамдар дагы бар.
Алардын кандай чен-өлчөмдөр
боюнча алдыңкы ондукка
киргизилип, “алтын мандат”
алууга кепилдик берилгени
белгисиз. Бирок талдоочулар
арасында мындай талапкерлер
башкалардан айырмаланып,
партияга ири каржылык
салым кошкон капчыктуулар
деген сөз бар. Мында
талдоочулар көпчүлүк саясий
партиялар алдыңкы ондукка
абройлуу саясатчылар менен
капчыгы калыңдарды
айкалыштырууга
аракеттенишкенин
байкашкан. “Өнүгүү-Прогресс”
саясий партиясынын
тизмесинде экинчи болуп
катталган Исхак Масалиев
анын акчасына эмес, саясий
капиталына карап
чакырылганын жашырбайт:
Исхак Масалиев
- Бул партияга мен конок
катары чакырылган талапкер
болуп жатам. Бул тизмеден
менин ордумду чын эле
“алтын” деп айтсаңар болот.
Анткени мен акча берген
жокмун. Мени бул жакка
чакырганда мен тыйын чыгара
албай турганымды айттым.
Бирок партияга добуш алуу
үчүн иштеп бере турганымды
белгилегемин. Анан эми сиз
айткандай жол менен “алтын
мандат” алгысы келгендерди
билбейт экем. Бирок мына
ошондой “капчыктар” бардык
эле партияларда бар экенин
билем. Анткени шайлоо деген
арзан болбойт. Бирок “Өнүгүү-
Прогресс” партиясында
тизмедеги биринчи орундан
жетимишинчисине
чейинкилердин бардыгы
“добуш алып бере албасам
ордумду бошотуп кетем” деп
жазып беришти. Мен деле
ошондой кагазга кол койгом.
“Бульдозерлордун” бурулуш
ыкмасы
Партиялык тизмеде “алтын
мандаттан” сырткары
талапкерлерди алдына салып
алып, сүрө турган “бульдозер”
лидерлер да бар.
Президенттик аппараттын
мурдагы жетекчи орун басары
Икрамжан Илмиянов 50-
тизмеде турса, “Кыргызстан”
партиясынын тизмесинде
Шаршенбек Абдыкеримов 58-
орунду ээледи. “Республика -
Ата-Журт” партиясынын
теңтөрагасы Камчыбек Ташиев
тизмеде 41-орунда жайгашкан.
Булардын башка
талапкерлерден айырмасы
тизменин артындагыларга
ишеним берип, алдыга сүрөп
туруу үчүн жасалган жаңы
саясий технология дешет
талдоочулар. “Республика –
Ата-Журттун” теңтөрагасы
Өмүрбек Бабанов бул чара
командалык духту бекемдөө
үчүн киргизилгенин айтты:
Өмүрбек Бабанов
- Мына Камчыбек
Кыдыршаевичтин 41-орунда
турганы анын бизге ишенгени.
Себеп дегенде, ал киши буюрса
сөзсүз парламентке келет.
Кудай сактасын, бул деген
Бабанов эле тизмеде биринчи
болуп, анан биз кырктан аз
мандат алып кала турган
болсок, Ташиев сыртта калат
дегенди түшүндүрбөйт. Мында
биздин команда биригип
жатат. Бизде мисалы, Данияр
Тербишалиев 98-орунда турат.
Бул биздин талапкерлер
бардыгы добуш алуу үчүн
иштей турган партиянын
күчтүүлүгүн көрсөтөт.
Ошол эле кезде көпчүлүк
партиялар талапкер тизмеде
канчанчы орунда турганына
карабастан, алып келген
добушуна карата мандат
бериле турганын
жарыялашкан. Бирок
мыйзамга ылайык, курултайда
бекитилген партиялык
тизмени өзгөртүүгө жол
берилбейт. Анткен менен
партиялар бул маселени
талапкерлерден алдын-ала
арыз жаздырып, ант алуу
менен чечүүгө аракет
кылышууда.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#65 02 Сентябрь 2015 - 18:44
Шайлоого аттанган
партиялардын тизмесинде
аты-жөнү коомчулукка
тааныш эмес, ал тууралуу
бир дагы маалымат жок
адамдар көп. Мындай
адамдар аты-жөнүн
өзгөрткөндөр болуп чыгууда.
Аттуу-баштуу эле
партиялардагы
талапкерлердин арасында
кайсы бир чуулгандуу окуяга,
кылмыш топторго
байланыштуу аты айтылган,
бирок ысымын өзгөртүп
алгандар бар экени белгилүү
болууда.
“Ата Мекен” партиясынын
тизмесинде 17-орунда турган
Гүлнара Самат-Клара аттуу
табышмактуу айым Борбордук
шайлоо комиссиянын мурдагы
төрайымы Клара Кабилова
экени маалым болду. К.
Кабилова 2008-жылы Бишкек
шаардык кеңешке шайлоо
маалында ошол кездеги
президент Курманбек
Бакиевдин уулу Максим
Бакиев аны коркутканын,
өзүнүн өмүрүнө, үй-бүлөсүнө
коркунуч келгенин ачык
айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.
Ошондо коомчулукка анын
аты дүңгүрөгөн. “Ата Мекен”
партиясынын жол башчысы
Өмүрбек Текебаев
Кабилованын тизмеге
кошулган жагдайын, аты-
жөнүн өзгөрткөн себебин
“Азаттыкка” мындайча айтып
берди:
- Клара Кабилова өз өмүрүн
тобокелге салгандан коркуп,
видео билдирүү жасап,
Кыргызстандан чыгып кеткен.
Мына ошол видеону мага
тапшырып кеткен. Мен
оппозициялык кыймылдын
атынан ошол билдирүүнү
коомчулукка жарыялагам.
Ошол кезде Темир Сариев,
Аликбек Жекшенкулов,
Алмамбет Шыкмаматов
болуп Бакиевдердин кылган
иштерин ачып беришин
өтүнүп, Кабиловага Москвага
чейин барып келгенбиз.
Бакиевдер ошол кезде өзүнүн
оппоненттерине кол сала
баштаган. Ушундан улам аты-
жөнүн өзгөрткөн болушу
керек. Клара Кабилова менен
2008-2009-жылдардан бери
Бириккен оппозиция
байланышып турганбыз.
Өмүрбек Текебаев
Текебаев “Ата Мекен”
партиясы четтеги
мигранттардын 30га жакын
уюму менен кызматташып
жатканын, Кабилова
тизмедеги мигранттардын беш
өкүлүнүн бири экенин
кошумчалады.
Кабилова Орусияга качып
кеткенден кийин 2010-жылы
бийлик алмашканга чейин
такыр үн каткан эмес. Июнь
коогасынан кийин орусиялык
басылмалардын биринде маек
куруп, Убактылуу өкмөттү
жана анын референдум
өткөрүү тууралуу демилгесин
кескин сынга алган жайы бар.
Атүгүл Кыргызстан саясий
каатчылыктын сормо сазында
калат деп болжолдоп ийген.
“Ата Мекен” партиясынын
тизмесиндеги 52-орунда
турган Калыбек Эстуйбасов
мурунку баш прокурор Аида
Салянованын агасы Калыбек
Салянов экен. Ал быйыл
жазында табышмактуу
жагдайда киши колдуу болгон
Камила Дүйшөбаевага
байланыштуу аты аталып,
кылмыш иште көрсөтмө
бергендердин арасында
болгон. “Ата Мекендин”
лидери Текебаев фамилиясын
Эстуйбасов деп өзгөртүп алган
Калыбек Салянова боюнча
төмөнкүчө түшүндүрмө берди:
- Салянов эмне үчүн
фамилиясын өзгөрткөнүн
билбейм. Бирок 2012-жылы
Бишкек шаардык кеңешке
шайлоодо Салянов биздин
партиядан шайлоого
катышкан. Бирок
жетишерлик добуш
албаганына байланыштуу
депутат болбой калган. Мына
ошол себептен шайлоочулар
менен байланышы бар, округу
бар, тажрыйбасы бар. Добуш
алып келип берет деген ниет
менен биздин партияга
кошулду.
“Ата Мекен” партиясынын
тизмесинде 4-болуп мурунку
баш прокурор өзү Аида
Салянова турат.
Аты-жөнү коомчулукка
бейтааныш, фамилиясын
өзгөрткөн талапкерлер
Социал-демократтар
партиясында да бар.
Партиянын тизмесинде 57-
орундагы Дилмурат
Акпаралиевдин баштапкы
фамилиясы Дооронов болчу.
Ал 2011-жылы уюшма
кылмыш топтун анабашы
катары камакка алынган жана
кримчөйрөдө “Дики” деген
каймана ат менен белгилүү.
Милиция аны Жалал-Абаддагы
Ала-Бука жана Чаткан
райондорун тескеген,
кримчөйрөнүн тили менен
айтканда, “положенец”
экенин жарыялаган. Бирок
кандайдыр бир себептер
менен камактан бошоп, Ала-
Бука райондук кеңешке
депутат болуп шайланган
жана төрагалык кызматка
чейин жеткен. Андан
мурдараак Дилмурат
Акпаралиев “зордуктоо” жана
“карактоо” боюнча да
айыпталып, эки ирет соттолуп
чыккан.
КСДП курултайда
Социал-демократтар
партиясынын штаб башчысы
Данияр Аттокуров күмөндүү
иштер менен аты чыккан,
бирок фамилиясын өзгөртүп
алган адамдын кантип
тизмеге кошулган себебин
ачыктаган жок. Бирок бул
тууралуу маалымат кийин
берилерин убада кылды:
- Биз маалыматтарды кийин
беребиз. Азыр биз баарын
тактап туруп БШКга
каттоого беребиз. Азыр
маалыматтарды биздин
маалымат кызмат даярдап
жатат.
"Өнүгүү" партиясынан да аты-
жөнүн өзгөртүп тизмеге
киргендерди жолуктурууга
болот. Тизмеде 17-орунда
турган, уюшма кылмыш
топторго байланыштуу аты
аталган Тазабек Икрамовдун
мурдагы фамилиясы
Стамкулов экени белгилүү.
“Республика – Ата Журт”
партиясындагы коомчулукка
белгисиз ысымдар тууралуу
аталган партиянын өкүлү
Нурлан Шакиев түшүндүрмө
берди жана аты-жөнүн
өзгөрткөндөр жок деп
ишендирди:
- Бизде аты-жөнүн өзгөрткөн
аттуу-баштуу адамдар жок.
Экинчиден, мисалы бизде
тизмеде 2-орунга Алтын
Кылычбаев деген жигитти
койдук. Азыр көбү эле ошол
Кылычбаев деген ким болуп
кетти экен деп сурап жатат.
Кээде коомчулук өтө кызык.
Мурдагы адамдар болсо да
"жалаң эле өң-тааныштар
келди" дейт, жаңыларды
койсок “ой, булар кимдер”
дейт. Биз ошондуктан аты
жаңы чыгып келаткан
жаштарды коштук.
Кыргызстанда жарандар эч
тоскоолдуксуз эле аты-жөнүн
өзгөртө алат. Ички иштер
министрлигинин маалымат
катчысы Бакыт Сейитов
ысымы өзгөрсө, маселен ошол
адамдын соттолгондугу же
кайсы бир күмөндүү иштерге
кириптер болгону тууралуу
маалымат чыкпай калышы
ыктымалдыгын тастыктады:
- Биз текшергенде аты-жөнү
өзгөртүлгөн болсо ошондой
маалымат чыкпай калышы
мүмкүн. Анан калса
Кыргызстанда аты-жөнү
окшош кишилер абдан көп.
Ошондуктан шек туудурган
жагдайлар болсо кайра
кайталап текшертип койсо
болот. Биз компьютерге салып
текшеребиз да, эгер ал жерде
жок деп чыкса, жок деп
беребиз.
Шайлоого карата ондон ашуун
партиялар курултайларга
чогулушту. Бардык партиялар
такталган тизмени Борбордук
шайлоо комиссиясына 25-
августка чейин тапшырышы
керек. БШК болсо тийиштүү
текшерүүнү жана каттоону 4-
сентябрь, үгүт иштери расмий
башталганга чейин бүтүрүшү
зарыл.
партиялардын тизмесинде
аты-жөнү коомчулукка
тааныш эмес, ал тууралуу
бир дагы маалымат жок
адамдар көп. Мындай
адамдар аты-жөнүн
өзгөрткөндөр болуп чыгууда.
Аттуу-баштуу эле
партиялардагы
талапкерлердин арасында
кайсы бир чуулгандуу окуяга,
кылмыш топторго
байланыштуу аты айтылган,
бирок ысымын өзгөртүп
алгандар бар экени белгилүү
болууда.
“Ата Мекен” партиясынын
тизмесинде 17-орунда турган
Гүлнара Самат-Клара аттуу
табышмактуу айым Борбордук
шайлоо комиссиянын мурдагы
төрайымы Клара Кабилова
экени маалым болду. К.
Кабилова 2008-жылы Бишкек
шаардык кеңешке шайлоо
маалында ошол кездеги
президент Курманбек
Бакиевдин уулу Максим
Бакиев аны коркутканын,
өзүнүн өмүрүнө, үй-бүлөсүнө
коркунуч келгенин ачык
айтып, өлкөдөн чыгып кеткен.
Ошондо коомчулукка анын
аты дүңгүрөгөн. “Ата Мекен”
партиясынын жол башчысы
Өмүрбек Текебаев
Кабилованын тизмеге
кошулган жагдайын, аты-
жөнүн өзгөрткөн себебин
“Азаттыкка” мындайча айтып
берди:
- Клара Кабилова өз өмүрүн
тобокелге салгандан коркуп,
видео билдирүү жасап,
Кыргызстандан чыгып кеткен.
Мына ошол видеону мага
тапшырып кеткен. Мен
оппозициялык кыймылдын
атынан ошол билдирүүнү
коомчулукка жарыялагам.
Ошол кезде Темир Сариев,
Аликбек Жекшенкулов,
Алмамбет Шыкмаматов
болуп Бакиевдердин кылган
иштерин ачып беришин
өтүнүп, Кабиловага Москвага
чейин барып келгенбиз.
Бакиевдер ошол кезде өзүнүн
оппоненттерине кол сала
баштаган. Ушундан улам аты-
жөнүн өзгөрткөн болушу
керек. Клара Кабилова менен
2008-2009-жылдардан бери
Бириккен оппозиция
байланышып турганбыз.
Өмүрбек Текебаев
Текебаев “Ата Мекен”
партиясы четтеги
мигранттардын 30га жакын
уюму менен кызматташып
жатканын, Кабилова
тизмедеги мигранттардын беш
өкүлүнүн бири экенин
кошумчалады.
Кабилова Орусияга качып
кеткенден кийин 2010-жылы
бийлик алмашканга чейин
такыр үн каткан эмес. Июнь
коогасынан кийин орусиялык
басылмалардын биринде маек
куруп, Убактылуу өкмөттү
жана анын референдум
өткөрүү тууралуу демилгесин
кескин сынга алган жайы бар.
Атүгүл Кыргызстан саясий
каатчылыктын сормо сазында
калат деп болжолдоп ийген.
“Ата Мекен” партиясынын
тизмесиндеги 52-орунда
турган Калыбек Эстуйбасов
мурунку баш прокурор Аида
Салянованын агасы Калыбек
Салянов экен. Ал быйыл
жазында табышмактуу
жагдайда киши колдуу болгон
Камила Дүйшөбаевага
байланыштуу аты аталып,
кылмыш иште көрсөтмө
бергендердин арасында
болгон. “Ата Мекендин”
лидери Текебаев фамилиясын
Эстуйбасов деп өзгөртүп алган
Калыбек Салянова боюнча
төмөнкүчө түшүндүрмө берди:
- Салянов эмне үчүн
фамилиясын өзгөрткөнүн
билбейм. Бирок 2012-жылы
Бишкек шаардык кеңешке
шайлоодо Салянов биздин
партиядан шайлоого
катышкан. Бирок
жетишерлик добуш
албаганына байланыштуу
депутат болбой калган. Мына
ошол себептен шайлоочулар
менен байланышы бар, округу
бар, тажрыйбасы бар. Добуш
алып келип берет деген ниет
менен биздин партияга
кошулду.
“Ата Мекен” партиясынын
тизмесинде 4-болуп мурунку
баш прокурор өзү Аида
Салянова турат.
Аты-жөнү коомчулукка
бейтааныш, фамилиясын
өзгөрткөн талапкерлер
Социал-демократтар
партиясында да бар.
Партиянын тизмесинде 57-
орундагы Дилмурат
Акпаралиевдин баштапкы
фамилиясы Дооронов болчу.
Ал 2011-жылы уюшма
кылмыш топтун анабашы
катары камакка алынган жана
кримчөйрөдө “Дики” деген
каймана ат менен белгилүү.
Милиция аны Жалал-Абаддагы
Ала-Бука жана Чаткан
райондорун тескеген,
кримчөйрөнүн тили менен
айтканда, “положенец”
экенин жарыялаган. Бирок
кандайдыр бир себептер
менен камактан бошоп, Ала-
Бука райондук кеңешке
депутат болуп шайланган
жана төрагалык кызматка
чейин жеткен. Андан
мурдараак Дилмурат
Акпаралиев “зордуктоо” жана
“карактоо” боюнча да
айыпталып, эки ирет соттолуп
чыккан.
КСДП курултайда
Социал-демократтар
партиясынын штаб башчысы
Данияр Аттокуров күмөндүү
иштер менен аты чыккан,
бирок фамилиясын өзгөртүп
алган адамдын кантип
тизмеге кошулган себебин
ачыктаган жок. Бирок бул
тууралуу маалымат кийин
берилерин убада кылды:
- Биз маалыматтарды кийин
беребиз. Азыр биз баарын
тактап туруп БШКга
каттоого беребиз. Азыр
маалыматтарды биздин
маалымат кызмат даярдап
жатат.
"Өнүгүү" партиясынан да аты-
жөнүн өзгөртүп тизмеге
киргендерди жолуктурууга
болот. Тизмеде 17-орунда
турган, уюшма кылмыш
топторго байланыштуу аты
аталган Тазабек Икрамовдун
мурдагы фамилиясы
Стамкулов экени белгилүү.
“Республика – Ата Журт”
партиясындагы коомчулукка
белгисиз ысымдар тууралуу
аталган партиянын өкүлү
Нурлан Шакиев түшүндүрмө
берди жана аты-жөнүн
өзгөрткөндөр жок деп
ишендирди:
- Бизде аты-жөнүн өзгөрткөн
аттуу-баштуу адамдар жок.
Экинчиден, мисалы бизде
тизмеде 2-орунга Алтын
Кылычбаев деген жигитти
койдук. Азыр көбү эле ошол
Кылычбаев деген ким болуп
кетти экен деп сурап жатат.
Кээде коомчулук өтө кызык.
Мурдагы адамдар болсо да
"жалаң эле өң-тааныштар
келди" дейт, жаңыларды
койсок “ой, булар кимдер”
дейт. Биз ошондуктан аты
жаңы чыгып келаткан
жаштарды коштук.
Кыргызстанда жарандар эч
тоскоолдуксуз эле аты-жөнүн
өзгөртө алат. Ички иштер
министрлигинин маалымат
катчысы Бакыт Сейитов
ысымы өзгөрсө, маселен ошол
адамдын соттолгондугу же
кайсы бир күмөндүү иштерге
кириптер болгону тууралуу
маалымат чыкпай калышы
ыктымалдыгын тастыктады:
- Биз текшергенде аты-жөнү
өзгөртүлгөн болсо ошондой
маалымат чыкпай калышы
мүмкүн. Анан калса
Кыргызстанда аты-жөнү
окшош кишилер абдан көп.
Ошондуктан шек туудурган
жагдайлар болсо кайра
кайталап текшертип койсо
болот. Биз компьютерге салып
текшеребиз да, эгер ал жерде
жок деп чыкса, жок деп
беребиз.
Шайлоого карата ондон ашуун
партиялар курултайларга
чогулушту. Бардык партиялар
такталган тизмени Борбордук
шайлоо комиссиясына 25-
августка чейин тапшырышы
керек. БШК болсо тийиштүү
текшерүүнү жана каттоону 4-
сентябрь, үгүт иштери расмий
башталганга чейин бүтүрүшү
зарыл.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#66 03 Сентябрь 2015 - 11:07
БШКнын торагасы -"партиялардын тизмесинде соттолгондор болсо партия лидери жооп берeт".Демек Мелис Мырзаны Текебаев кошконго "духу да,аракети да" жетет го.
#67 03 Сентябрь 2015 - 11:10
“Эгемен Кыргызстан”
партиясынын Борбордук
шайлоо комиссиясынын
үстүнөн жазган арызы
Биринчи май райондук соту
канааттандырган жок.
Аталган партия БШКнын
үстүнөн шайлоого каттабай
койгону үчүн сотко
арызданган. Буга партия
шайлоо күрөөсүн толук
төкпөгөнү себеп болгон. Эми
партия жогорку инстанцияга
кайрылганы жатат.
Биринчи май райондук соту 2-
сентябрда “Эгемен
Кыргызстан” партиясынын
арызын карап чыгып,
Борбордук шайлоо
комиссиясынын чечимин
колдогон бүтүм чыгарды. Буга
чейин шайлоого аттанган
партиялар алдын ала төлөй
турган 5 миллион сом күрөөнү
белгиленген мөөнөт
аралыгында толук төлөй албай
калганы үчүн “Эгемен
Кыргызстан” партиясын БШК
каттабай койгон болчу.
Партиянын лидери
Кубанычбек Кадыров
Биринчи май районунун
соңку чечиминин артында
бийликтин кызыкчылыгы бар
экенин, оппозициялык
партияны атайын шайлоого
катыштырбай коюу аракети
жүрүп жатканын белгилейт.
- Сот түшүнүп, баарын билип
туруп эле БШКнын пайдасына
чечип койду. Бул жерде
мыйзам бузулду. Биз “Эгемен
Кыргызстан” саясий партиясы
БШКнын дагы, соттун дагы
ечимин Ак үйдүн 7-
кабатынын, Атамбаевдин
буйругу деп билебиз.
Кубанычбек Кадыровдун
айтымында, буга чейин
Борбордук шайлоо
комиссиясынын айрым
мүчөлөрү аларга аталган
күрөнү 3-сентябрь күнү кечке
чейин төлөө мүмкүндүгү бар
экенин айтышкан.
Кубанычбек Кадыров
- БШКнын мүчөсү Жеңиш
Акматов “Эч тартынбагыла,
3-сентябрь күнү кечке чейин
силерде акчаны төлөгөнгө
убакыт бар” деп айткан.
Бүгүн да сот чечим чыгарганы
кирип кеткенде БШК мүчөсү
Рашид Бекбасаров “Силердин
эртең кечке чейин убактыңар
бар. Сот силердин пайдаңарга
чечет болуш керек, мыйзамда
ошондой” деген. Бирок сот
болбой эле Ак үйдүн пайдасына
чечип койду. Бул эми таң
калыштуу нерсе, нонсенс.
Борбордук шайлоо комиссиясы
жогорку бийликтин таасири
туурасындагы партиянын
дооматын четке кагууда. Ал
маселе мыйзам чегинде
төлөнө турган күрөөнүн
айланасында гана болуп
жатканын, эгер партия өз
учурунда аны төлөп койсо, эч
кандай маселе жаралмак
эместигин билдирүүдө.
БШКнын мүчөсү Рашид
Бекбасаров партия кечиккен
күндө дагы күрөнү төлөп
койсо, БШК үчүн маселени
карап чыгуу мүмкүнчүлүгү
түзүлмөк деген ойдо:
- Мен антип айткан жокмун.
Мен болгону төртүнө чейин
төлөгөнгө укугубуз бар деп
эсептеп жатсаңар, анда
төртүнө чейин төгүп коюп,
анан бул жерге келип, БШК
менен “мынакей биз төгүп
койдук, эсептегиле” деп андан
кийин сүйлөшпөйсүңөрбү деп
айткам. Күрөөнү төгүп коюп
келсе, биз карайт элек да. Ал
чечим кандай болот ал башка
сөз. 5 миллионду төлөп
койдук дешсе, карайт элек.
Анан төлөбөй эле жөн эле
айтып жатышат.
Рашид Бекбасаров
Кубанычбек Кадыров партия
үчүн мындай суммадагы
акчаны чогултуп, өз убагында
тапштыруу оңойго турбаганын
моюнга алып, бирок ушул
тапта керектүү акча
топтолгонун билдирүүдө. Ал
партия шайлоого катышуу
укугун коргоо үчүн Жогорку
Сотко чейин кайрыларын,
эгер ал жактан оң жыйынтык
чыкпаса, нааразылык
акцияларын баштай
тургандыктарын
кошумчалады.
- Акчаны биздин
талапкерлердин баары эми
чогултту да. Эми биздин
арабызда олигархтар жок
экен. Мурун министр болуп
иштеп, мамлекеттин эсебинен
байыгандар жок экен.
Арабызда жети илимдин
кандидаты бар болчу. Анан
баары чогултуп, калган
акчаны топтоп койдук.
Каражатты чогултууга
убагында жетишпей калдык,
эми эч кимибиз мамлекеттен
уурдабасак. ..
Саясий серепчи Кубан
Абдымен “Эгемен
Кыргызстан” партиясынын
айланасындагы жагдай анын
каржылык кемчилигин,
шайлоого даяр эместигин
көрсөтүп койгонду деген
пикирде. Анын
кошумчалагандай, бул
партиядан да күчтүү,
бийликке кыр көрсөтө алган
башка партиялардын
шайлоого катышуу укугуна ээ
болушу - эреже бардыгына
бирдей болгондугун далилдеп
турат.
- Эгерде бийлик шайлоого
катыштырбайм десе, анда
андан да күчтүү болгон “Ата
Мекен” партиясын кое бербей
коймок да. Азыр бийликке
дагы кыр көрсөтүп жаткан
“Бир бол” партиясы,
“Азаттык” партиясы барбай
калмак. Эмне жалгыз эле
“Эгемен Кыргызстан”
оппозициячыл партия болуп
калыптырбы? Бир топ эле
оппозициячыл маанайдагы
партиялар шайлоого
катышканга укук алышты.
Алар эреже, тартип,
талаптын бардыгын
аткарганы үчүн
катталышты.
Мыйзам боюнча, шайлоого
аттанган партиялар алдын ала
5 миллион сом күрөөнү 25-
августка чейин БШКга
тапшырыш керек эле. “Эгемен
Кыргызстан” партиясы
күрөнүн 700 миң сомун гана
төлөп, калганын дагы он күн
аралыгында төлөп бермей
болгон. Бирок БШК буга макул
болгон эмес.
Оппозициялык көз караштагы
“Эгемен Кыргызстан”
партиясынын башында Бектур
Асанов, Кубанычбек Кадыров
сыяктуу саясатчылар бар. Алар
шайлоого “КСДПсыз
парламент! ”, “Атамбаевсиз
Кыргызстан! ” деген радикал
ураандар менен баратканын
айтышкан болчу.
партиясынын Борбордук
шайлоо комиссиясынын
үстүнөн жазган арызы
Биринчи май райондук соту
канааттандырган жок.
Аталган партия БШКнын
үстүнөн шайлоого каттабай
койгону үчүн сотко
арызданган. Буга партия
шайлоо күрөөсүн толук
төкпөгөнү себеп болгон. Эми
партия жогорку инстанцияга
кайрылганы жатат.
Биринчи май райондук соту 2-
сентябрда “Эгемен
Кыргызстан” партиясынын
арызын карап чыгып,
Борбордук шайлоо
комиссиясынын чечимин
колдогон бүтүм чыгарды. Буга
чейин шайлоого аттанган
партиялар алдын ала төлөй
турган 5 миллион сом күрөөнү
белгиленген мөөнөт
аралыгында толук төлөй албай
калганы үчүн “Эгемен
Кыргызстан” партиясын БШК
каттабай койгон болчу.
Партиянын лидери
Кубанычбек Кадыров
Биринчи май районунун
соңку чечиминин артында
бийликтин кызыкчылыгы бар
экенин, оппозициялык
партияны атайын шайлоого
катыштырбай коюу аракети
жүрүп жатканын белгилейт.
- Сот түшүнүп, баарын билип
туруп эле БШКнын пайдасына
чечип койду. Бул жерде
мыйзам бузулду. Биз “Эгемен
Кыргызстан” саясий партиясы
БШКнын дагы, соттун дагы
ечимин Ак үйдүн 7-
кабатынын, Атамбаевдин
буйругу деп билебиз.
Кубанычбек Кадыровдун
айтымында, буга чейин
Борбордук шайлоо
комиссиясынын айрым
мүчөлөрү аларга аталган
күрөнү 3-сентябрь күнү кечке
чейин төлөө мүмкүндүгү бар
экенин айтышкан.
Кубанычбек Кадыров
- БШКнын мүчөсү Жеңиш
Акматов “Эч тартынбагыла,
3-сентябрь күнү кечке чейин
силерде акчаны төлөгөнгө
убакыт бар” деп айткан.
Бүгүн да сот чечим чыгарганы
кирип кеткенде БШК мүчөсү
Рашид Бекбасаров “Силердин
эртең кечке чейин убактыңар
бар. Сот силердин пайдаңарга
чечет болуш керек, мыйзамда
ошондой” деген. Бирок сот
болбой эле Ак үйдүн пайдасына
чечип койду. Бул эми таң
калыштуу нерсе, нонсенс.
Борбордук шайлоо комиссиясы
жогорку бийликтин таасири
туурасындагы партиянын
дооматын четке кагууда. Ал
маселе мыйзам чегинде
төлөнө турган күрөөнүн
айланасында гана болуп
жатканын, эгер партия өз
учурунда аны төлөп койсо, эч
кандай маселе жаралмак
эместигин билдирүүдө.
БШКнын мүчөсү Рашид
Бекбасаров партия кечиккен
күндө дагы күрөнү төлөп
койсо, БШК үчүн маселени
карап чыгуу мүмкүнчүлүгү
түзүлмөк деген ойдо:
- Мен антип айткан жокмун.
Мен болгону төртүнө чейин
төлөгөнгө укугубуз бар деп
эсептеп жатсаңар, анда
төртүнө чейин төгүп коюп,
анан бул жерге келип, БШК
менен “мынакей биз төгүп
койдук, эсептегиле” деп андан
кийин сүйлөшпөйсүңөрбү деп
айткам. Күрөөнү төгүп коюп
келсе, биз карайт элек да. Ал
чечим кандай болот ал башка
сөз. 5 миллионду төлөп
койдук дешсе, карайт элек.
Анан төлөбөй эле жөн эле
айтып жатышат.
Рашид Бекбасаров
Кубанычбек Кадыров партия
үчүн мындай суммадагы
акчаны чогултуп, өз убагында
тапштыруу оңойго турбаганын
моюнга алып, бирок ушул
тапта керектүү акча
топтолгонун билдирүүдө. Ал
партия шайлоого катышуу
укугун коргоо үчүн Жогорку
Сотко чейин кайрыларын,
эгер ал жактан оң жыйынтык
чыкпаса, нааразылык
акцияларын баштай
тургандыктарын
кошумчалады.
- Акчаны биздин
талапкерлердин баары эми
чогултту да. Эми биздин
арабызда олигархтар жок
экен. Мурун министр болуп
иштеп, мамлекеттин эсебинен
байыгандар жок экен.
Арабызда жети илимдин
кандидаты бар болчу. Анан
баары чогултуп, калган
акчаны топтоп койдук.
Каражатты чогултууга
убагында жетишпей калдык,
эми эч кимибиз мамлекеттен
уурдабасак. ..
Саясий серепчи Кубан
Абдымен “Эгемен
Кыргызстан” партиясынын
айланасындагы жагдай анын
каржылык кемчилигин,
шайлоого даяр эместигин
көрсөтүп койгонду деген
пикирде. Анын
кошумчалагандай, бул
партиядан да күчтүү,
бийликке кыр көрсөтө алган
башка партиялардын
шайлоого катышуу укугуна ээ
болушу - эреже бардыгына
бирдей болгондугун далилдеп
турат.
- Эгерде бийлик шайлоого
катыштырбайм десе, анда
андан да күчтүү болгон “Ата
Мекен” партиясын кое бербей
коймок да. Азыр бийликке
дагы кыр көрсөтүп жаткан
“Бир бол” партиясы,
“Азаттык” партиясы барбай
калмак. Эмне жалгыз эле
“Эгемен Кыргызстан”
оппозициячыл партия болуп
калыптырбы? Бир топ эле
оппозициячыл маанайдагы
партиялар шайлоого
катышканга укук алышты.
Алар эреже, тартип,
талаптын бардыгын
аткарганы үчүн
катталышты.
Мыйзам боюнча, шайлоого
аттанган партиялар алдын ала
5 миллион сом күрөөнү 25-
августка чейин БШКга
тапшырыш керек эле. “Эгемен
Кыргызстан” партиясы
күрөнүн 700 миң сомун гана
төлөп, калганын дагы он күн
аралыгында төлөп бермей
болгон. Бирок БШК буга макул
болгон эмес.
Оппозициялык көз караштагы
“Эгемен Кыргызстан”
партиясынын башында Бектур
Асанов, Кубанычбек Кадыров
сыяктуу саясатчылар бар. Алар
шайлоого “КСДПсыз
парламент! ”, “Атамбаевсиз
Кыргызстан! ” деген радикал
ураандар менен баратканын
айтышкан болчу.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#68 04 Сентябрь 2015 - 03:33
Жаш мыкты балдар бар бири 21 жашта,экинчиси 23то ийгилик каалайм аларга.
#70 04 Сентябрь 2015 - 17:31
Жанар Акаевде умутум чон. Тарыхта алтын тамгалар менен калчу мыкты саясатчы болууга шансы бар. Башкаларга окшоп миллиондогон акча жумшап бийликке келип,кайра аны миллиярддап топтоп албай иштесе болот. Себеби ал партиялык тизмеде акчанын артынан эмес,озунун ишмердуулугу менен турат
#71 03 Октябрь 2015 - 20:52
Бир болдун полный составы кыжырды келтирип жатат,бут экс чиновниктер,
дагы профессионалдар командасы дегенине не дейсин.
#72 03 Октябрь 2015 - 21:10
#73 03 Октябрь 2015 - 21:28
Бир болдун рекламаларыда кыжырыңды кайнататко.
Топту бир уруп бир бол! Дагы бир уруп бир бол!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#75 04 Октябрь 2015 - 22:20
#76 04 Октябрь 2015 - 23:44
Негизинен кубанткандар эмес, "кубанткандар"
коп экен да.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#77 05 Октябрь 2015 - 06:47
Берадор байкебиздин "Бир бол, кыргыз"деген ыры чыгыптыр го, ушул партиянын гимни катары кабыл алгыдай экен, бирок, сoзу, обону жана видеоклипине сoз жок!
#79 06 Октябрь 2015 - 18:43
kelechektegiata (06 Октябрь 2015 - 18:15) жазган:
Жанар Акаев , Аида Салянова.
Жанар Акаевгоо бийликтин камчысы менен иштейт эми, себеби СЫДЫПЫКА дан бардыда. Таза иштеш учун, таза команда керек, а Ж Акаев оз идеологиясы менен иштеш ото кыйын, АША га лаббайк дебесе, иши чатак. Ал эми, А. Салянова оппозицияда калса, анда бирнерсе кутсо болчудай...
Билдирүүнү түзөткөн: Xanif: 06 Октябрь 2015 - 18:45
#80 06 Октябрь 2015 - 22:44
Xanif (06 Октябрь 2015 - 18:43) жазган:
Жанар Акаевгоо бийликтин камчысы менен иштейт эми, себеби СЫДЫПЫКА дан бардыда. Таза иштеш учун, таза команда керек, а Ж Акаев оз идеологиясы менен иштеш ото кыйын, АША га лаббайк дебесе, иши чатак. Ал эми, А. Салянова оппозицияда калса, анда бирнерсе кутсо болчудай...
Таза команда менен бийлике отуш кыйын. Мисалы бул шайлоодо таза команда деп улуу Кыргызстан ды эле айтпасак калганы да бир илинчектери барлар. Кордунуз го улуу Кыргызстан канча добуш алнанын. Акаевди аппарат башчы кылып туруп сдпк шайлоодо кошуп алып чон упай топ-топ Алды .